Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 17 май 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

— Член редсовета

Багыты: Художественная проза, Драматургия

Биографиялык маалымат:

Драматург, театр таануучу жана театр сынчысы, котормочу, журналист, театр жана кино режиссеру, публицист,  культурология кандидаты.

Жаныш Кулмамбетов Тянь-Шань районунун Миң-Булак айылына караштуу Кичи-Кара-Кужур аймагында 1955-жылы 1-январда туулган.

1972-жылы ошол эле айылда В.В.Куйбышев атындагы орто мектепти бүтүргөн.

1972–1974-жылдары Фрунзе шаарындагы Кыргыз драма театрынын алдындагы 2 жылдык театралдык студияда, 1975–1982-жылдары Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институттун театр таануу бөлүмүндө окуган.

Эмгек жолун 1982-жылдан баштап, 1985-жылга чейин "Кыргызстан маданияты» гезитинде кабарчы, 1985–1988-жылдары. Кыргыз ССРинин маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору, 1988–1999-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун төрагасынын биринчи орунбасары жана ага караштуу Театр искусствосу жана социология борборунун жетекчиси, 1989–1992-жылдары Москва шаарындагы Бүткүл союздук искусство таануу илимий-изилдөө институтунун аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүнүн аспиранты.

1993–1996-жылдары Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрына караштуу театр окуу жайында, Бишкек шаарынын жогорку милициялык мектебинде окутуучу, 1995–1996-жылдары «Нуска» гезитинин, 1996–1997-жылдары «Асаба» гезитинин кабарчысы болуп иштеген.

1997-жылдан «Кыргыз Караван», «Кыз-жигит», «Адабий гезит», «Сен жана мен», «Укмуштуу окуялар» гезиттеринин негиздөөчүсү жана башкы редактору, 2004-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиосунун «Айтса-айтпаса төгүнбү» телекөрсөтүүсүнүн баяндамачысы, 2005-жылы: «Адеми» улуттар театрын уюштуруучусу жана жетекчиси, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун биринчи вице – президенти, Кыргыз драматургдары менен театр сынчыларынын союзунун президенти, 2006-жылдан тартып «Манас» радиосунун «Театр дүйнөсү» берүүсүнүн автору жана алып баруучусу, ЮНИСЕФ менен Кыргыз улуттук телерадио корпорациясынын биргелешкен, билим берүүчү «Керемет көч» эларалык теледолбоорунун редактору, 2007-жылы Кыргыз улуттук киностудиясынын башкы редактору.

2013-жылдын 25-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер Союзунун президенти.

Ал 70ке жакын пьесанын автору. Алардын 80%ы Кыргыз Республикасынын профессионалдык театрларында коюлуп, айрымдары республикалык жана эларалык фестивалдарда лауреаттык наамдарга ээ болгон.

Казакстан, Тажикстан театрларында «Жүрөктөгү от», «Чөл үстүндө ошол эски ыр калды»,  «Исповедь шахидки»,  «Эсенсиңби, есаул?!.», «Сен экөөбүз»  драмалары коюлган. Тажикистанда  “Ман-котилам!..”  деген ат менен пьесалар жыйнагы, Арменияда “Ты жив. Есаул?!.” Пьесасы КМШ өлкөлөрүнү эң мыкты пьесаларынын жыйнагында басылган.

Ж. Кулмамбетов чыгармачылыгын балдар драматургу катары баштаган. Анын калемине жыйырмага жакын балдар үчүн жазылган пьесалар таандык.

Анын драматургиясында кыргыз элинин улуу жана атактуу инсандарынын өмүрүнө арналган бир нече пьесалар бар: Кагылайын, Манасым! (Тыныбек манасчы тууралуу), "Таня... Таня... Таттыбүбү" (Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө), "Чыңгыз менен Бүбүсайра" (Чынгыз Айтматов менен Бүбүсайра Бейшеналиеванын драмалуу махабаты), "Өмүр бизден өтүп кетсе..." (Коомдук жана мамлекеттик ишмерлер Роман жана Эркинбек Матыевдердин таржымалынан), "Талант жана тагдыр" (Бакен Кыдыкеева туурасында).

Режиссер катары 20 га чукул спектакль койгон, 20 толук метраждуу көркөм фильм, 3 документалдуу, 1 кыска метраждуу тасмаларды тарткан.

«Жалгыз Турна», «Кандуу сүйүү» ж.б. киноповесттеринин жана «Бейтааныш арбак» аттуу роман-триллердин, «Баатыр Манас баяны» көп сериялуу көркөм телефильминин сценарийинин автору.

Театр таануу жана театр сыны тууралуу 100дөн ашык макалаларды, «Кыргыз театрынын тарыхы», «Арт-Ордонун сабактары», «Кыргыз театры», «Режиссер Бообек Ибраев»  монографияларын жазган.

2006-2010 – жылдардын ичинде Ж.Кулмамбетов Кыргызстандагы бөбөктөрдүн эң популярдуу көрсөтүүсү болгон “Керемет көч” телесериалынын жаратууга түздөн-түз катышып, 440 сериясын кыргызчалатып, кыргыз балдарына тартуулаган.

Дүйнөлүк классикалык жана азыркы драматургдар: А. П. Чехов, Вуди Аллен, Лутц Хюбнер, Ж.Б. Мольер, Дж.Верга, Оскар Уйальд, С. А. Найденов, Сэмюэл Беккет, В.Р озов, Ч. Айтматов, А.Володин, Тажи Мухаммад, А.Цуканов, А.Балакаев, ж.б пьесаларын кыргызчага которгон.

1982-жылдан театр ишмерлер, 1991-жылдан жазуучулар, 1986-жылдан журналисттер союздарынын мүчөсү.

"Эргүү" улуттук театр сыйлыгынын үч ирээт лауреаты.

• 2018-жылы өткөрүлгөн драмалардын республикалык конкурсунда “Алтын кумара” пьесасы менен  жеңүүчү болгон.

• 1916-жылы Тарых жана маданият темасына арналган драмалардын республикалык конкурсунда "Кагылайын, Манасым! -2" драмасы жеңүүчү болгон.

• 1916-жылы Үркүн темасына арналган драмалардын республикалык конкурсунда "Осмон менен Ольга" драмасы жеңүүчү болгон. 

• Сарман Асанбеков атындагы сыйлыктын лауреаты -2013-жыл.

• "Азия-2012" — Азия элдеринин жомоктору, легендалары жана эпосторунун негизинде жазылган киносценарийлердин эларалык конкурсунун 1-сыйлыгынын жеңүүчүсү;

• Айтматов эларалык сыйлыгынын лауреаты (2008-жыл).

• Аалы Токомбаев атындагы сыйлыктын ээси (2007-жыл). 

• Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995-жыл). 

• «Манас-1000» юбилейлик медалынын ээси (1995-жыл).

• Токтоболот Абдумомунов атындагы сыйлыктын ээси (1993-жыл).

• Республикалык «Жылдын мыкты сынчысы» сынактарынын бир нече жолку жеңүүчүсү.

Дарегим:

— телефонум — 0772-35-66-40 моб.; 
— E-mail: tr-ademi[at]mail.ru

Чыгармалары:
  1. Аксыдагы атуу, же Боспиектеги каран түн
     
  2. О – о, улуу Аметэрасу, Антигонуну сакта!
     
  3. Улуу тоонун онтоосу
     
  4. Чөл үстүндө ошол эски ыр калды
     
  5. Огонь сердца
     
  6. Чыңгыз менен Бүбүсайра
     
  7. Жаза
     
  8. Талант и судьба
     
  9. Ты жив, есаул?!
     
  10. Чингиз и Бюбюсара
     
  11. Бедная моя сказка
     
  12. Канат и Зарина
     
  13. Канат менен Зарина
     
  14. Биз, экөөбүз
     
  15. Хан Жакып
     
  16. Эсиңе кел, Жоломан!
     
  17. Жүрөктөгү от (Чынгыз хандын купуя сыры)
     
  18. Умай эненин кызы
     
  19. Ошол түнү
     
  20. Ипархан – Сянь-Фэй
     
  21. Күүгүмдөгү кишилер
     
  22. Камень моей Родины
     
  23. Беш токол же тополоңдуу күндөр
     
  24. Шахидка. История убийцы
     
  25. Эшафот
     
  26. Алай ханышасы
     
  27. Кыргызская драматургия как зеркало современной жизни Кыргызстана
     
  28. Шаршеев Шеримбек – личность универсальная
     
  29. На чьей совести кровь погибших 1916 года?
     
  30. Октябрь төңкөрүшү – кандуу дөңгөлөктүн жүрүшү
     
  31. Кыргыздын фольклордук театры
     
  32. “Кайгылуу Какей” менен “Отеллонун” ортосундагы чындык
     
  33. “Манас” – кыргыз элинин эпикалык драмасы жана эпикалык театры
     
  34. Кыргыз шекспириадасы – оригинал жана стереотиптер
     
  35. “Үч каракчы” менен “Жамийланын” ортосундагы муундук контраст
     
  36. Айдың көлдүн аңызы
     
  37. Алай жолборсу
     
  38. Алтын кумара
     
  39. Кагылайын, Манасым! — 2
     
  40. Эсенсиңби, есаул?!.
     
  41. Талант жана тагдыр
     
  42. Осмон менен Ольга
     
  43. Кыргыздын эпикалык театры
     
  44. Жаңыл Мырза
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз