Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Жаныш Кулмамбетов, 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 22 декабры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Хан Жакып

(Манастын төрөлүшү)

“Манас”эпосунун мотивдеринин негизинде жазылган эки бөлүмдүү эпикалык драма


Катышуучулар:
Жакып.
Чыйырды(Шакан).
Чыйыр.
Бала Манас.
Бакдөөлөт.
Чаян.
Сокур калмак.
Орозду.
Бай.
Акбалта.
Сулайка.
Эсенкан.
Эсенкандын аялы.
Алооке.
Шуйкуучу.
Жарманас — жаш бала.
Самаркан беги.
Жарманастын апасы.
Чикит чапкан бала.
Думана.
Вазир.
Чабарман.
Мындан тышкаары улан-кыздар, эл, жайсаңдар, күзөтчүлөр, сарай кызматчылары ж.б. катышышат. 


Биринчи бөлүм

Биринчи сахна

Алатоо. Күндүн бети тутулуп, жер бети боз мунарыкка толуп турган чакта, карадан кыюу бастырган көк тууну туурасынан салбырата көтөргөн жигит боздоп ыйлап келатты. 
Жигит. (Боздоп ыйлап жар салып) О-о, калайык, калың журт!.. Бириң калбай, баарың ук!.. Кыргыздын багы кыйылды! Кызыл туусу жыгылды!.. Кара көзү кашайды!.. Калың башы азайды!.. Каруудан сынды билеги!… О дүйнө кетти, тиреги!.. Опсуз баатыр Ногойдон ажырап калды, бүт эли!..
(Эл чуркурап ыйлап, жашынан карысына чейин, аттуу-жөөлүү болушуп, убай-чубай Ногойхандын турагын көздөй жөнөштү.
Карадан кыюу бастырылган көк туу сайылган, жошо болуп уук-керегеси жылаңачтанган Ногойхандын ак өргөөсүнө кылкылдаган калың эл туш — туштан тынбай агылып келип жатышты. Жайнаган эл чогулду. Баарынын көзүндө жаш, көкүрөгүндө муң.
Кара кийинген аялдар Ногойханды жоктоп кыркалекей кошок кошуп олтурушту).
Аялдардын кошогу. Арстан өткөн, шер өткөн, ко-ку-уй!..
Ааламда канча эр өткөн, ко-ку-уй!..
Баатыр өткөн, эр өткөн, ко-ку-уй!..
Байыртан канча шер өткөн, ко-ку-уй!..
Баарынан кыйын туулган, ко-ку-уй!..
Басташкан жоону, бас кылып, ко-ку-уй!..
Башына салган чуулган, ко-ку-уй!..
Арстан эле, шер эле, ко-ку-уй!..
Ааламда жок эр эле, ко-ку-уй!..
Караан калган кыргызга, ко-ку-уй!..
Канат эле, бел эле ко-ку-уй!..
Арстан, шер эми өзүң жок, ко-ку-уй!..
Алатооң эми канетет, ко-ку-уй!..
Баатырым эми өзүң жок, ко-ку-уй!..
Балдарың эми канетет, ко-ку-уй!..
Эреним эми өзүң жок, ко-ку-уй!..
Эл-журтуң эми канетет, ко-ку-уй!..
(Ак өргөөнүн сыртында, хандын төрт уулу: Орозду, Бай, Жакып, Үсөн турушту, күйүткө батышып, салбырашып. Орозду кырктан өткөн, Бай менен Үсөн отуз-отуз беш чамалаган, Жакып болсо бетине сары түк чыга эле жаш бала эле).
Орозду. (Көзү жашка толуп, инилерине карады) Кагылайын боорлорум! Калың кыргыз бүт келди, Алатоо эли бүт көрдү, кабылан атам Ногойдун кайрылгыс набыт болгонун. Ак калпак кыргыз калкына коргон эле Ногойхан. Катылган жоону какшаткан,ойрон эле Ногойхан. Колубуз барбай атса да, кайран атам көк жалдын сөөгүн койгон турабыз! Эми кандай айла кылабыз? Санаам бүгүн сан болот, кыргызга ким хан болот? Көк жалдын оордун ким басат?! Ажатын элдин ким ачат?! 
Бай. Орозду аба, атан өлсө тайлак бар, кому жерде калчу эмес! Ага өтсө ини бар, тону жерде калчу эмес! Атадан калган уулдардын эң улуусу өзүңүз. Ак кийизди салалы, айланайын абаке, атабыздын оордуна, ата оордуна тутунуп, сизди хандыкка шайлап алалы! 
Үсөн. (Кубаттай) Бай туура айтты, абаке, атабыздан айрылып, акырек сөөк кайрылып, кан жутуп турган убакта, бир жеңден колду чыгарып, бир кишидей туралык. Өзүңүздү абаке, атабыздын ордуна хан шайлап алып, тыналык. Бай экөөбүз тактыны талашмак белек, абаке. Жакып болсо жаш экен. Көзүндө оту турса да, мунун акылы азыр аз экен.
Жакып. (Башын ийкегилеп) Агаларым туура айтат. Тактыны сиз алыңыз. Калкыңызга, өзүңүз адилет сурак салыңыз. Калганыбыз биз сизге, өбөк болуп туралы, белиңизге бел болуп, жөлөк болуп туралы. 
(Орозду инилерин угуп турду. Алардын сөзүн жапжаш, Жакып менен жашташ кылыр көз Шуйкуучу да угуп атты, обочороокто.
Бир аздан соң кылкылдаган эл Ногойханды хандын табытына салып бейитке алып жөнөштү.
Мүңкүрөп сөөк коюга чубаган элдин ичинде эки жагын элең-элең тиктеген, жадына баарын түйүп, баамдап жүргөн, элдин сөзүнө жаздым кетирбей кулак түргөн, баягы кылыр көз Шуйкуучу баратты. Ал ар кимдин жанына бара калып, сөз тыңшап, ичинен тынып, эмнегедир маашырланып жатты).

Экинчи сахна

Түн ортосу. Чет–Бээжин. Каракытайдын ханы Эсенкандын ордосу. Хандын эс алчу жайы. Аңгыча эшик башы үч бүгүлүп кирди да, ошол калыбында барып уктоочу бөлмөнүн коңгуроосунун жибек боосун акырын тартты. Коңгуроо жылаажын үн чыгарып шыңгыр-шыңгыр этти. Эшик башы үч бүгүлүп күтүп турду. 
Бир аздан соң уктоочу бөлмөдөн Эсенкан чыга келди, кабагын түйүп.
Эсенкан. (Нааразы боло) Эмне болду? Жети түндө дүрбөтүп, жетип келдиң жүгүрүп, тынчылыккпы, же жоо кирдиби калаага, калыпсың мынча бүлүнүп?
Эшик башы. (Ого бетер бүжүрөп) Бурутка кеткен тыңчыңыз келди. Ханым эс алып атат дегениме карабай, сизге айта турган шашылыш кабарым бар деп, кайра-кайра чекеси менен жыттап ийди жерди.
Эсенкан. (Кабагын түйгөн калыбында) Кирсин де.
(Эшик башы үч бүгүлүп сыртка чыга жөнөдү. Бир пастан соң тыштан кылыр көз тыңчы Шуйкуучу кирип келип, улагада чөк түшө тизелей калып, жылып келди да, чекесин Эсенкандын жибек чепкенине улам-улам тийгизди).
Шуйкуучу. Улуу урматтуу хандардын ханы!.. Тынчыңызды алганым үчүн кечирим бериңиз!.. Өтө маанилүү, шашылыш кабарым бар, өзүңүз баамдап көрүңүз. Айтууга уруксаат бериңиз. 
Эсенкан. Айт, угайын.
Шуйкуучу. О-о, хандардын ханы! Кудай бизге берди! Сиз эңсеген күнүңүз келди! Буруттардын кетип калды шайы!.. Ногойхан о дүйнө кетип, жалпы эли очорулуп турган чагы!..
Эсенкан. (Көзү нурдана түштү) Жакшы кабарың бар экен!.. Айта түш, айта түш дагы!..
Шуйкуучу. Ногойхан өтүп, уулдарынын бири Ороздуну хан шайлаган атышат.
Эсенкан. Орозду бурутка тээк болчу жанбы? Ээлеп кала алабы атасынын тагын? Жоого аттанар каруусу барбы? Баамдадыңбы, ал жагын? 
Шуйкуучу. Ногойхандай кантип болсун, ханым!.. Ногой көйкашка чыккан экен го, тартып мингенден баштап, аттын жалын. Баатырдыгы ченде жок болчу дейт, Ногойхандын. Орозду кыла албайт ко, бирин да анын. Жакыбы хандыкка жаштык кылды окшойт. Болбосо, ошонун көзүндө бар жалын!.. 
Эсенкан. (Өзүнчө) Чын эле Кудай тилегенимди берген экен!.. Зарыгып күткөн күнүм келген экен!.. Жерин басып, сансыз байлыгын Каңгайга ташып, элин баш көтөргүс кул кылып, келин-кызын түбөлүк тул кылып, кыргызга калайман салайын деп, Алатоону биротоло ээлеп алайын деп, эңсегеним ишке ашпай, Ногойхан тороп келди эле жолумду. Канча ирээт кансыратты эле, басып кирээрде, калың колумду. Эми кыргыздар тирегинен айрылган экен! Мүрүсү чындап кайрылган экен!.. Ишенген ханынан айрылып, кан жутуп турган чагында, баш көтөрүп, кайра келгиче эли табына, кыргызды камынтпай басыш керек! Кой, Эсенкан, күтүп турбай шашыш керек! 
(Шуйкуучуга) Анда дароо көрөлү жоонун камын. Азыр сага кат жазып берем. Алоокеге жөнөйсүң түнү менен. Көңүл ачып жата бергенин тыйып, Алатоого тез аттансын, калың колун жыйып! Кыргызды биротоло тургус кылып чапсын!.. Керек болсо, казанын жара бассын!.. Баш көтөргөндөрүнүн баарын жайлап, кыз-уландарын көгөндөп байлап, балдарынын боорун жара сайып, боюнда бар аялдардын курсагын жарып, кулак угуп, көз көргүз кыргын салып, бурутту канга батырсын!.. Сан байлыкты басып алсын, жерин тартып алсын!
(Конок бөлмөнүн бир бурчунда турган куш калемди алып, оролгон жибекти жасып, бетине кат чиймеледи да, кайра ороп туруп, кылыр көзгө узатты).
Эч бир жанга билинбей, суук көзгө илинбей Алоокеге жет, куштай учуп, желдей сызып! Жаныңа жүз жигит ал!.. Тыным албай, өргүү кылбай, тезинен жетип бар!..
(Кылыр көз тыңчы катты алып, койнуна катты да, көчүгү менен төрт аяктап жөрмөлөп, сыртка чыга жөнөдү. Эсенкан тыңчыны узата карап, алысты көп сырдуу тиктеп турду. Ошол учурда уктоочу бөлмөдөн Эсенкандын эрке аялы чыга келди). 
Эсенкандын аялы. Ал ким экен, ханым?.. Жети түндө дүрбөткөн? 
Эсенкан. Ким болсун… Буруттун ханы Ногойхан о дүйнөгө кетиптир. Бул жалгандан өтүптүр.
Эсенкандын аялы. (Кубана) Ырас болгон турбайбы!.. Душманың өлсө, баатырым, багың тоодой турбайбы!.. Жайсаңдарың кыргызды эми кырса, кырбайбы!.. Ногойхандын атынан эле коркуп, суу жүрөк туугандан бетер энеңер, Алатоого батынып кол сала албай, кол салмак түгүл, чегине жакын бара албай турчу элеңер, дайыма. Эми мүдөөң ишке ашкан экен ханым!.. Аяп эмне кыласың, сууруп ал да кыргыздын жанын!.. Суудай агыс, баатыр сымалдарынын баарынын канын! Жайлачусун-жайла, байлачусун-байла! Элин бытыратып, бириккис кылып, туш-тушка айда! Жүрөгүнүн сары суусун ал!.. Баш көтөргүс кылган соң элин, байлыгын басып, биротоло ээлеп ал жерин! Алоокеңди аттант да кыргызга!.. Кыргын салып, эси-көөнүнөн чыккыс кылсын! Кыргыздын белин мертинтип, оордунан тургус кылсын!
Эсенкан. (Маашырлана) Ошону буюрдум, буюрчуга. Эми, сазайын гана берем буруттун!..  
Эсенкандын аялы. Ошент ханым!.. Кыргызды түгөл куруткун!..
Эсенкан. Ансыз да, тыйпыл кылгыла, түгөл кыргыла дедим, кыргызды! Алатоосун тартып аламын! Эсебин эми табамын! Абалкы атын өчүрүп, каракытай, манжуунун байыркы жери дедиртем!.. Тентитип туруп кыргызды, кыраңда малым семиртем!.. Келберсип жаткан кыргызга, мен эми, калайманды саламын!.. Кырылгандан калганын, отун-суумду ташытып, мал-жанымды бактырып, малай кылып аламын!. Эми, буруттун кыргыз атын өчүрөм, баш көтөргүс тул кылып, кул деген атка көчүрөм!..
(Аңгыча ордо калаанын ичин жаңыртып, жакын жерден аттардын кишенегени угулду). 
Эсенкандын аялы. Чабармандарың аттандыбы, ханым?
Эсенкан. (Маашырлана) Тигине, кара!.. Кылыр көз тыңчым Шуйкуучу баштаган жүз жоокерим атырыла басышып, аттанганы жөнөштү! 
Эсенкандын аялы. (Суктана карап) Капырай, биринен бири өтөт!.. Мындай көк жалдар, кыргызды тим эле тепсеп кетет!.. 
Эсенкан. Бул жүзөөнө Алоокенин жүз миң колу кошулат!.. Ошондо Алатоонун топурагы жошулат! Кыйынсынган кыргыздын багы биротоло тозулат!.. 
(Бир аздан соң аттар калаанын ичин жаңырта азынашып, тулпарлардын туяктарынын дүбүртү жер солкулдатып, алыстай баштады.
Эсенкан менен аялы маашырлана узата карап турушту).

Үчүнчү сахна*

Айлуу түндүн жымжырттыгын бузуп, сурнайдын жүрөктүн үшүн алган үнү угулду да, аба жарып, жер-сууну жаңырта баштады.
Сан-миңдеген кишилердин ызы-чуусу, сансыз аттардын кишенегени кулакты тундуруп, түн ичи бир заматта кымгуутка түштү. 
Алооке. (Айдын жарыгында жүзү гана көрүндү) Аттандык!.. Тууну, тууну көтөргүлө!..
(Айдын нурунда Алоокенин байрагы көккө көкөлөй көтөрүлдү да, жер чайпалткан кол айлананы дүңгүрөтө жөнөп калды). 

Төртүнчү сахна*

Алатоо. Ногойхандын турагы. Кыргыз айылдары таңкы үрүл-бүрүлдө эч нерседен бейкапар, бейкут уйкуда жатышкан.
Бир боз үйдө бешиктеги бала чукуранып ыйлап ийди. Уйкуга карамыккан энеси баласына эмчегин эмизип, уйкулуу үнү менен соорото баштады. 
Эне. Алде-ей, алде-ей, алде-ей, ай,
Апакеңди кыйнабай,
  Мемиреп балам уктачы,
Басылып калчы ыйлабай.
Алде-ей, алде-ей, алде-ей, ай…

(Ошол учурда, үрүл-бүрүл таң менен кылкылдап кирип келген Алоокенин колу жүрөктүн үшүн алып, найзаларын асманга жабалактатышып, кыраңга чыгып келе жатышты. 

Таң үрүл-бүрүлдө бейкут жаткан кыргызды камынтпай келип жоо чапты). 
Кыздын чыңырган үнү. Жоо!.. Жоо!.. Жоо кирди!.. Жоо кирди-и-и!..
(Ногойхандын айылы кымгуут түшүп жатып калды. Жоо айылды каптап кирип, боз үйлөрдү качырата жөөлөтүп, кереге – уугун кыйратып, түндүгүн түшүрө чаап, өрттөөчүсүн өрттөп атты. Эч нерседен камырабай жаткан кыргыздар көздөрүн ушалап тура калышып, алдастап туш-тушка качышты. Үстүндө жоокер кийими, колунда куралы жок кыргыздар каракытайларга кол кайрууга чамасы келбей, канга чыланып, боо түшүп кырылып жатышты. 
Кымгууттун арасында Алоокенин жайсаңдары бир кош бойлуу аялды чыңырта сүйрөп келишти).
Жайсаң. Муну эмне кылалы?
Жайсаң башы. Билбейсиңби, жарлыкты? 
Жайсаң. Кош бойлуу экен, тийип жүрбөсүн, убалы?
Жайсаң башы. (Тиштенип) Жоо аяган-жаралуу. Тээтигиндей сүйрөп бар. Анан… ичин жар!.. Жөнө!.. Аяп турганын кара, мунун, деле!..
Кош бойлуу келин. (Жайсаңдардын колуна жанталаша жармашып) Кагылайындар!.. Кагылайындар!.. Баламды!.. Баламды!.. 
Жайсаң башы. (Өкүм) Эмне турасыңар?!. Тез!.. Тез алып жөнөгүлө!..
(Жайсаңдар кош бойлуу келинди чыңырткан боюнча сүйрөп кетишти.
Ошол маалда, жайсаң башы тынымсыз ыйлап аткан баягы боз үйдөгү бала менен энеси экөөнө көзү түштү).
Жайсаң башы. Мобул баланын боорун жара сайгыла!.. 
Эне. (Чыркырап ортого түшө калды) Тийбегиле!.. Тийбегиле!.. Силердин да ушундай… ушундай балаңар бардыр!.. Тийбегиле!.. 
Жайсаң башы. (Каардуу) Жайла!..
Эне. (Тынымсыз ыйлап аткан баласын жанталаша калкалап) Мына!.. Мени!.. Мени!.. Мени өлтүргүлө!..
Жайсаң башы. (Каардуу) Үнүн өчүр, мынабул күчүктүн!..
(Жайсаңдар аялдын мойнуна сыйыртмак салышып, баласынан ажырата сүйрөп жөнөштү. Ошондо да курган эне колдорун тырмаңдатып, баласы тарапка сунган боюнча сүйрөлүп баратты.)
Эне. (Кыркырап) А-а-а!.. Ба-ба-бал… а-а-а!..
Жайсаң башы. (Бешикте тынымсыз ыйлап аткан баланы көрсөтүп) Өчүргүлө деп атам, мынабул күчүктүн үнүн!..
(Жайсаңдардын бири тынымсыз ыйлап аткан бешиктеги балага найзасын далдап туруп бир урду. Баланын үнү үзүлдү. Найзанын учу бешиктин түбүнөн чыга түшүп, жерге матып кетти. Кан бешиктин алдынан жая берди.
Айыл ичи жылкылардын кишенгенине, иттердин каңшылаганына, адамдардын үрөй-учураарлык кыйкырыгына, балдардын жан чыдагыс ыйына, аялдардын чыңырыгына толуп турду.
Качып кутулам деп жанталаша арга издеген кыргыздын далайын кууп жетип, кээ бирин эки-экиден керип, кээсинин мойнуна кыларкан салып сүйрөтүп өлтүрүп атышты, Алоокенин жайсаңдары.
Ошентсе да кыргыздын кыйласы талаалап качып-бозуп, көрүнгөнү көрүнгөн жакка безип кетишти.

Кара булуттун арасынан жылт-жулт эткен күн түш оогон кезде гана, кандуу кыргын басылды. 

Кыргын токтогондо кереге-уугу сынган, өрттөнгөнү өрттөнүп, түтүнү али басыла элек, Ногойхандын кыйраган айлына желдей сызып, Алооке кирип келди, жайсаңдаррынын коштоосунда. Дөңсөөгө келип токтоду. Тактысын көтөрүп келатышкан жайсаңдары кое коюшту). 
Алооке. Аман калган жаш жигиттерди, жаш кыздарды көгөндөргө тизгиле!
Жан жигит. (Дөң ылдый чуркап түшүп, айылды аралай жөнөдү кыйкырып) Көгөндөгүлө!.. Көгөндөгүлө!..
(Жайсаңдар жапжаш кыз-жигиттерди көгөнгө тизе башташты. Ошол маалда каракытайлар айылдын мүлкүн талап-тоноп, төөлөргө жүктөгөнү ташып атышты. Баарын баамдап турду Алооке).
Алооке. (Жайсаңдарына) Адегенде, Ногойхандын уулдарын кошоктоп туруп алып келгиле, алдыма! Андан соң жигиттер кулдукка кетсин! Кыздар олжо катын болушсун!.. Төрт түлүгү бүт Каңгайды көздөй сүрүлсүн!.. Толгон байлык жүктөлгөн төөлөр жолго чыксын!..
(Жайсаңдар дүрбөп, туш-тушка жүгүрүп кетишти.
Бир аздан соң жан-жөөкөрлөрүнүн коштоосунда, дөңдө тактысында олтурган Алоокеге Ногойхандын уулдарын кошоктоп турушуп, дегдеңдетише айдап жетип келишти, жайсаңдар. Орозду, Бай, Үсөн менен Жакып баштарын жерге салышып, эмне кылаарларын билбей турушту). 
Алооке. (Тигилерди сынай карап) И-и, Ногойхандын жамандары!.. Эми эмне кылабыз?!. Кайсы бурутка бийлик жүргүзүп, кайсы каадалуу кыргыздан сурак сурайбыз?!. И-и?!. Тилиңер барбы?!. Сүйлөгүлө!..
(Ногойхандын уулдары ылам этип ооз ачышкан жок).
Алооке. (Ансайын мөөрөйү үстөм боло) Тилиңер байландыбы?!. Тилиңер байланып, эсиңер ооп турса, анда мени уккула!.. Жакшылап эсиңерге туткула!.. (Камчысы менен көргөзүп) Мынабул жаткан жер, мындан ары каракытай, манжуунун жери болот!.. Мынабул, калган эл, кыргыз эмес, каракытай, манжуунун эли болот!.. Кыргыз деген атыңарды түбөлүккө өчүрөм!.. А силерди болсо, Ногойхандын жамандары, ар кимиңерди ар кайсы жакка көчүрөм!..
(Муну укканда Ногойхандын уулдарынын ого бетер шылкыйып, айлалары кетип турушту).
Алооке. (Жан –жөөкөрлөрүнө карап) Кана, кимисин каякка айдайм? Кимисин дароо жайлайм?
(Жан-жөөкөрлөрү Ногойхандын уулдарын кыдырата кунт кое карап чыгышты).
Баш нөөкөр. (Акырын Алоокенин кулагына шыбырады) Орозду менен Байды алыс деле сүрбөңүз. Булар бизге кол көтөрө алышпайт. Дармандары бош экен. А, тээтиги Жакыпты көрдүңүзбү, көзү күйгөн от экен. Ошол бизге душман болот. Эркине койсо, элибизди ушул соет!.. Ошон үчүн, ошону алыс сүрүңүз. Антпесеңиз, ушул Жакып менен жанчышып калышыбыз мүмкүн, түбү биз. Тээтиги Үсөндөн өтө сак болуңуз. Көзү бузук экен. Эмитен жүрөгүнүн үшүн алып коюңуз. Үсөндү Алатоого калтырбай Каңгайды көздөй айдаңыз. Алатоо бетин көрсөтпөй алыс кармаңыз, Дайыма көз кырыңызды салып, башын айлантып, жылаанча арбаңыз. 
(Алооке баш нөөкөрүнүн айтканын кунт коюп укту).
Алооке. (Жайсаңдарына) Колу-буттарына кишен салгыла!..
(Жайсаңдар жабыла чуркашып, Ногойхандын төрт уулун бир заматта кишендеп ийишти).
Алооке. Жарлыгым ушул – Орозду менен Бай, ушул эле чөлкөмдө каласыңар. Үсөн менен Жакып, силер өтө алыс барасыңар. 
(Алооке оордунан туруп Жакыптын жанына басып келди. Көзүнө тик карап, айлана басып, сынап турду. Анан Жакыптын бетине бетин тийгизе жаздап, акырая карады). Сени айдаймын Алтайга!.. (Үсөнгө) Сени сүрөм Каңгайга!.. (Жакыпка) Ырайымым ушул, беш эчки алдыңа саласың. Кырк үйлүү кыргызды кошуп аласың. Боз үйлөрүңөрдү өгүздөргө жүктөп, алты айчалык жол жүрүп барасың!.. Өлгөнүң көмүлбөйт — талаада каласың!.. Калмактарга кул кылып беремин— жайыңды ошояктан табасың!.. 
(Ногойхандын уулдары көздөрүнүн жашын он талаа кылышып, бири-бири менен коштошуп атышты).
Алооке. Айдап жөнөгүлө!..
(Алоокенин жайсаңдары Ногойхандын уулдарын ар кайсы жакка айдап жөнөштү. Көздөрүнө жаш толгон Ногойхандын уулдары арттарын кылчак-кылчак карашып, илкип баратышты.
Ногойхандын уулдарынын артынан, Алоокенин жайсаңдары кыргыздын жапжаш жигит-кыздарын көгөндөлгөн боюнча жолго алып чыгышты. 
Чабылгандан калган Ногойхандын эли уул-кыздарын аргасыз узата карашып, көздөрүн жаш жууп, муң басып турушту.
Кемпир-чалдар көздөрүнүн жашын көл дайрадай агызышып, ботодой боздошуп, кыйраган журтта турушту, күйүткө батышып.
Түндүгү түшүп мерт болгон, кереге-уугу кыйраган, боз үйлөрдүн ичинде, аялдар калды ыйлаган.
Кыргыздын сансыз өлүгү ар кайсы жерде жатты көмүлбөй. Жору, кузгундар күндүн бетин бербей, “курк-курк” этип айланып жүрүштү).

Бешинчи сахна

Жол. Жайсаңдар Жакыптарды айдап баратышты. Айдалгандардын алдында колу-буту кишенделген Жакып баратты. Жакыптын жанында он үч – он төрт жаштар чамасындагы жеңеси Шакан. Алардын артында Акбалта, аялы Сулайка, үй-бүлөсү менен кошо айдалган.
Жакыптын көзү каканактап жашка толуп, өңүнүн сүлдөрү качкан.
Аңгыча Жакып алды жагын карап селт этти. Шаканга шыбырады.
Жакып. (Эч кимге угузбай) Жеңе!.. Шакан жеңе!..
Шакан. (Кулагын түрө) И-и?..
Жакып. Көрдүңбү, тиги кишини, сайдын таманында жаткан? 
Шакан. (Жакып көрсөткөн тарапты карады. Чочуп кетти. Оозуна сөз кирбей) Көрдүм… Көрдүм!..
Жакып. Түндө качкан… күйөөң экен!.. Чыйыр байкем экен!..
Шакан. Э, кокуй, күйөөмө бир нерсе болгон бекен?!.
(Пауза).
Жакып. (Жайсаңдардын башчысына) Тээтиги жаткан, менин жакын агам, Чыйыр. (Шаканды көрсөтүп) Мынабул жеңемдин күйөөсү. Кепке келиңиз, уруксаат бериңиз. Жанына баралы, агам менен коштошуп алалы. Эгер кете алса, өзүбүзгө кошуп алалы.
Жайсаң башы. (Колун жаңсап айдалып бараткандарды токтотту) Тээтиги жаткан киши ким?
Акбалта. Агабыз Чыйыр. Жакыптын жакын агасы. Ага –ининин баласы.
Жайсаң башы. (Жакып менен Шаканга) Тез баргыла!.. Бачым коштошуп алгыла!..
(Жакып менен Шакан канга боелуп жаткан Чыйырды көздөй ашыгышты.
Сайдын таманында кан жөткүрүп жаткан Чыйырга жетишип, Жакып менен Шакан үйрүлүп түшө калышты, үстүнө. Шакан буркурап ыйлап ийди).
Чыйыр. (Шаканды тыйып) Ыйлаба!.. Жаныңды бекер кыйнаба!..
Жакып. Тура аласызбы, аба?.. Кете аласызбы биз менен?
Чыйыр. Кетүүгө менде дарман жок. Кашык каным калган жок. Кагылайын, Жакыбым, мени таштап эле кеткиле. Жетчү жериңерге өзүңөр аман-эсен жеткиле!.. Атадан калган салт экен, ага өтсө иниси жеңесине үйлөнчү. Шаканды сага тапшырдым. Кор кылбай өзүң багып ал. Колукту кылып алып ал.
Жакып. (Чочуп кетти) Жаман сөздү коюңуз, аба!..
Чыйыр. (Араң үн катып) Жаман сөз болсо кана!.. Мен эми мал болбойм. Мага жок эч кандай даба!.. (Ыйлап турган Шаканга) Мындан ары Шакан атың өчөт. Салт ушул. Атың Чыйырдыга көчөт. 
(Шакан көзүнүн жашын көл кылып турду. Чыйыр эки жагын элеңдей карап, бооруна кысып жаткан кызыл тууну алып чыкты, эч кимге көрсөтпөй). 
Чыйыр. (Жакыпка) Ногойхандын туусу!.. Жакшы эле ала качтым эле, жайсаңдар тытып кетпесин деп. Ме!.. Жан кишиге көрсөтпөй катып ал коюнуңа. Жайсаңдар көрсө, кылыч чабылат моюнуңа! (Жакыпка бере салды. 
Жакып жайсаңдар тарапты жалт карады. Эки жайсаң жакындап келаткан. Анан шаша-буша тууну койнуна ката салды).
Чыйыр. Баргыла эми. Теңир колдосун силерди. 
(Ошол учурда Жакып менен Шаканга (Чыйырдыга) эки жайсаң жете келишип, ой-бойлоруна койбой, чала-була коштоштуруп алдыларына салып айдап жөнөштү. Кансыраган Чыйыр тигилерди аргасыз узата карап кала берди.
 Өлүм алдында кан кусуп жаткан Чыйыр “курк-курк” этип төбөсүнөн айланган жору, кузгундардын үнүн угуп, ак көйнөгү канга боелуп, сайдын таманында жатты, өлүмүн күтүп).
Чыйыр. (Каңырыгы түтөп) 
Жолбун иттей каңгыган,
Жоруларга жем болуп,
Жолдо сөөгүм калабы?!
Куркулдаган кузгундар, 
Карегимди чукуп жеп,
Көксөөсү эми канабы?!.
(Сайдын таманында Жакып менен Чыйырдыны (Шаканды) эки жайсаң алдыларына салып айдап баратышкан. Аңгыча Жакып чалынып кетти да, бети менен жер сүзө жыгылды. Жайсаңдар жерден боорун көтөрө албай, тура албай жаткан Жакыпка кайдыгер карап турушту. 
Шакан (Чыйырды) гана Жакыптын үстүнө түшө калып, жөлөп-таяп тургузду. Жакыптан бети айрылып кеткен экен. Шакан (Чыйырды) анын бетиндеги канын сүрдү. Андан соң кайра жолго түшүштү. 
Эки жайсаң Жакып менен Чыйырдыны (Шаканды) алдыларына салып айдап келишкенде, жайсаң башы тигилерге шектүү тигилди). 
Жайсаң башы. (Жакыптын тултуйган коюнун камчысы менен сайып) Бул эмне?..
(Муну укканда Чыйырдынын (Шакандын) жүрөгү түшүп калды. Жакып унчукпай колун койнуна салды да… таш алып чыкты).
Жакып. Таш!…
Жайсаң башы. Эмне болгон таш?
Жакып. Туулган жеримдин ташы.
Жайсаң башы. Эмне кыласың бул ташты?
Жакып. Өзүм менен кошо ала кетем. Жетчү жериме чейин ушул таш менен жетем. Туулган жеримдин ташы алтын, мага!..
Жайсаң башы. (Мыскылдай күлүп) Муну кара!.. Таш көтөрсөң өзүңө, оорчулугу сага!.. Баскыла эми алдыга.
(Жайсаңдар кыргыздарды кайрадан айдап жөнөштү).

Алтынчы сахна

Алтай. Жайсаңдардын айдоосунда, үстүндөгү үйрүп алаар кийимдеринин тамтыгы кеткен, ач-жылаңач, арык-торук кыргыздар Алтайга кирип келишти. Жайсаң башы тигилерди токтотту.
Жайсаң башы. Мына, силер жетчү жер ушул. Силер барчу эл ушул. Калмак деген калк болот. Калың малга карк болот. Алтай деген жер болот. Аябай мыкты эл болот. Бөйөн деген байы бар. Чаян деген ханы бар, бай Бөйөндүн баласы. Ушул жерге силерди түбөлүккө таштайбыз. Кантип оокат өткөрүп, кантип жашап атат деп, ат тезегин кургатпай, бачым-бачым каттайбыз. 
(Сүргүнгө келген кыргыздар көздөрү тунарып, Алтайды карап турушту, дел болушуп.
Аңгыча калмак байы Чаян жарданган калмактарды ээрчитип, жайсаңдардын алдынан тосо чыкты. 
Жайсаң башчы Чаянга Алоокенин катын берди).
Жайсаң башы. (Учурашып) Ушул катты чиймелеп, улугум менин Алооке, өзүңүзгө жиберди. Буруттарга көз салып, мал бактырып, жалчы жумшап алсын дешти, силерди.
Чаян. (Катты алды. Жарданган калмактарга угуза окуй баштады) “Салам айтам, Чаян бай. Салам айтат, Алооке. Кырк үйлүү кыргыз жибердим, беш эчки кошуп, беш өгүзгө жүгүн артып, жалчы кылып алсын деп. Бир-бирден жумшап ителеп, малайлыкка салсын деп. Эри жок келин-кыздарын катындыкка алгыла. Боз балдарын, бир-бирден мойнуна каамыт салгыла. Отуңар менен киргизип, күлүңөр менен чыгарып, кулча жумшагыла. Буларга такыр сурак жок. Кыңк эткенин тим эле, шорго башын малгыла!”
(Калмактар келген кыргыздарды дегдеңдетишип бөлүп-бөлүп, алдыларына салып айдап кете башташты).
Жайсаң башы. (Чаянга шыбырады) Улугум айтты аманат. Жалгыз сизди билсин дейт. Бара-бара буруттун кыргыз атын өчүрүп, калмак кылып ийсин дейт.
(Чаян жайсаң башынын сөзүн кунт кое укту. Бирок үн-сөз деген жок, түшүндүк дегенчелик кылып, башын билинээр-билинбес ийкеп койду.
Ошол маалда бир түрү суук, бир көзү сокур калмак Жакыптын жанында турган Чыйырдыны (Шаканды) каруусунан алды).
Түрү суук, сокур калмак. (Чыйырдыга) Мага катын болосуң!.. (Чыйырдынын тырышканына карабай дегдеңдетип сүйрөп жөнөдү.
Көзүн жалдыратып кетип бараткан Чыйырдыны көргөндө баятан каккан казыктай болуп турган Жакып түрү суук, сокур калмактын алдын торой калды).
Жакып. (Калмакка) Каякка сүйрөп барасыз?!. Бул менен аялым болсо, сиз кантип аялдыкка аласыз?!.
Түрү суук, сокур калмак. (Ачуусу мурдунун учуна келип) Жаныңды жебе!.. Жалган жерден аялым дебе!.. Жанатан делдейип туруп, эми арага түшө калганын деле!.. Муну мен катындыкка алам!.. Үйүмө алып барам! 
(Жакыптын чокусун камчысы менен айра чапты да, Чыйырдыны ой-боюна койбой алып жөнөдү. Жакып эмне кылышты билбей айласы кетип турду).
Чаян. (Түрү суук калмакка) Эй, эси жок, көөдөк!.. Уккан жоксуңбу, эри бар аял экенин?!.
Түрү суук, сокур калмак. (Токтой калды, жини келип) Мен ушул жаман кыргыздан кем бекемин?!. Эри бар болсо эмне экен?!. Тартып алып кетемин!.. (Басмакчы болду).
Чаян. (Ачуулу, өкүм) Кайыр айткың барбы, менин сөзүмө?!. Кое бер алыкы, келинди!.. Бер аялын, өзүнө!..
(Түрү суук, сокур калмак эмне дээрин билбей туруп калды. Анан кыжыры келип, ачуусу ашып-ташып турса да Чаяндын сөзүн эки кыла албай, Чыйырдыны түртүп ийди да, жутуп ийчүдөй болгон жалгыз көзү менен Жакыпты кекене карап, ачуулана камчысы менен жер сабап-сабап ийип, басып кетти). 
Чаян. (Жакыпка) Аялың экөөң меникине барасыңар. Малымды багып, отун-сууму аласыңар. (Жакып менен Чыйырдыны ээрчитип алып кетти).

Жетинчи сахна*

Ошол түнү, жаман алачыктын ичинде Жакып менен Чыйырды бир төшөккө баш жаздашты.

Сегизинчи сахна

Түнкү Алтай. Тоонун бир бети. Калмактын малын баккан кыргыздар олтурушту, отту алоолонто жагып коюшуп, чоор тартышып. Анан муңдуу ырга киришти. 
Малчылардын ыры. Алатоодон айрылып,
Алтын башым кор болду.
Алтайга келип тентиреп,
Алаканым жоор болду.
Аттигиниң арман күн,
Алатоо бетин көрөмбү?!
Алатоо бетин көрө албай.
Алтайда тентип өлөмбү?!.
(Тоонун экинчи тарабы. Топтошкон кишилер (маңгулдар) жол карап турушту. Аңгыча жалгыз киши (маңгул) тигилерге энтеңдеп жетип келди).
Маңгулдардын төбөлү. Эмне болду? Эмне кабар, кандай жаңылык бар? 
Чабарман. Чаян байдын айылынын жигиттери аң уулоого кетишти, күнчүлүк жерге. Эки-үч күнсүз келишпейт ко айылга. 
Маңгулдардын төбөлү. Эркек-танадан ким калды айылда? 
Чабарман. Кары-картаң, кемпир-кесек калышты. Анан жалчылар калды. Кыргыздар. Отун жарган, суу алган, мал кайтарган.
Маңгулдардын төбөлү. Айыл тараптан чыгат ырдаган үндөр. Түнүчүндө ырдап олтургандар кимдер?
Чабарман. Ошолор, калмактардын малын баккан, эптеп күн өткөрүп, жанын баккан, жанагы, Алатоодон айдалып келген жалчылар. Кыскасы, башын маң баскан малчылар.
Маңгулдардын төбөлү. “Байдын малын байкуш аяйт” болуп, алар жолубузду тороп, союл ала чуркап, алдыбыздын тооруп, тоскоол болбойбу, бизге? Чаяндын калың жылкысын тиерде, жаман кыргыздардын каскагы тийбейби, ишке?
Чабарман. (Күлүп) Кирбей турган сөздү айтасыз да түшкө. Ой, булар андай “баатырдыкка” кантип барышсын. Бизди коюп, кара жанын тыңыраак багып алышсын. 
Маңгулдардын төбөлү. Болуптур, анда азыр, түнү менен Чаян байдын жылкысын тиели. Жигиттери кайрылып келгиче далай белди ашырып иели!..
(Дүрбөп жөнөп кетишти. Жылкы жайылган жайытка жетишти).

Тогузунчу сахна*

Түн. Алтай. Жайнаган жылкылардын теребелди жаңырты кишенегени угула калып атты. Он чакты жылкычы жылкы күзөтүп жүрүшкөн.
Ошол маалда баягы маңгулдун каракчылары бөгүп-бөгүп, жылкычыларга жакындап келатышты. Жылкы кайтаргандар эч нерседен бейкапар эле.
Топ маңгул каракчы улам-улам бөгүп олтуруп, жылкычылардын жанына жетип келип калышты. Ар кайсы жерде жылкы күзөткөндөргө шырп алдырбай жетишти да, колдорундагы чочмор баштары менен тигилерди тизеге чаап-чаап, жерге кулатып – кулатып салышты, бир паста. Кармаша кетишкендерин чокмор менен чоку талаштыра чабышты. Бир заматта баарын жайлап ийишти. 
Анан, обочодо жайылып жүргөн жылкылырды көздөй бет алышты. Бир аздан соң айлуу түндүн койнун ызы-чууга толтуруп, туяктарынын дүбүртүнөн жер чайпалтып, күтүрөгөн сансыз жылкыны сүрүп жөнөштү.
Каракчылар сүргөн жылкынын дүбүртү үзүлгөндө, жер кучактап сулап жаткан жылкычылардын бири сендиректеп ордунан туруп, 
буйтканы көздөй сүйрөлүп жөнөдү. Анан жалгыз аттын туягынын дабышы алыстап барып жок болду.

Онунчу сахна

Алтай. Таңга жуук. Чаяндын айылы. Жарадар жылкычы айылга кирип келип, араңдан зорго Чаян байдын үйүнүн астына жөрмөлөп жетти..
Жылкычы. (Үнүн кыңылдатып) Байым!.. Байым!..
Чаян. (Сакалы бириндеп, көйнөк— дамбалчан сыртка чыга калды) Эмне болду?!.
Жылкычы. Барымтага кетти, маңгулдарга, сан жылкы, калың малың!..
Чаян. (Жарылып кете жаздады) Эмне деп турасың?!.
Жылкычы. (Күнөөлүдөй үлдүрөп) Көпкө салып кетишти…
Чаян. (Башын мыкчып) Кайран малым!.. Кайран малым!.. Кайтарып алышка жетпей калды го эми, алым!..
(Ошол учурда, ээр-токум көтөрүп, ат токуганы келаткан Жакып Чаян байдын өргөөсүнүн жанына келип калган). 
Жакып. (Чаян байга) Байым, карагер күлүгүңүздү токуюн деп аттым эле…
Чаян. (Аргасы түгөнө) Э. кокуй, көрөөр күнүм ушул беле?!. Көрөөр күнүм ушул беле?!.
Жакып. Эмне мынча жаныңызга күч келди, байым? Деги тынччылыкпы? Айтыңызчы, жөн-жайын.
Чаян. (Жаны күйүп) Маңгулдар жылкымды тийиптир!.. Туяктуудан тай койбой, бүт баарын сүрүптүр!.. Эмне кылышты билбей, эсим кетип турат. Күтүрөгөн сан жылкымды ойлосом, тим эле жаным чыгат!.. 
Жакып. (Ойлоно түштү, анан) Байым, эгер бизге ишенсеңиз, биз баралы куугунга. Маңгулдардын адебин колдоруна берели, сансыз жылкыңызды кайтарып алып келели.
Чаян. (Көзү жашылдана түштү) Оозуңа май, Жакып балам!… Жылкымды кайра алып келсең, серкенин семизин садага чабам!.. Карагер күлүгүмдү берейин, токтолуп турбай тезинен жөнөгүн!..
(Жакып токулганы көтөрүп, обочодо азынап аткан атты көздөй шашыла жөнөдү). 
Жакыптын үнү. Кыргыздар!.. Аргымактарга мингиле!.. Байыбыздын жылкысын чааптыр, маңгулдар!.. Менин артымдан жүргүлө!.. 
(Бир аздан соң айылдын ичин дүбүрткө толтуруп, аргымактардын дабышы алыстап кетти.
Чаян турду, тигилерди үмүттүү узата карап).
Чаян. (Күбүрөнүп) Кудай жолуңду бере гөр!.. Кудай жолуңду бере гөр, Жакып балам!..
(Жакыптар узап кетээр замат эле баягы, Чыйырдыны талашкан түрү суук, сокур калмак Чаянга жетип келди антаңдап).
Түрү суук, сокур калмак. (Чаянга) Маңгулдар жылкыңа тийиптирби?!.
Чаян. Ооба.
Түрү суук, сокур калмак. Анан кыргыздар кетиштиби, куугунга?
Чаян. Ооба.
Түрү суук, сокур калмак. Э, кокуй, карышкырга кой кайтартканың эмнең?
Чаян. (Түшүнбөй) Ал эмне дегениң?
Түрү суук, сокур калмак. Жаным күйүп айтып турган кебим. Эгер айтсам сөздүн ток этээр жерин, ушул кыргыздарга кантип ишендиң? Карагер күлүгүңдү жанагы Жакыпка кантип бердиң? Булар сени алдап кетишти. Маңгулдарды чапмак турсун, кайра аларга кошулуп алышып, жылкыңды кошо сүрүшөт. Бул кыргыздар Алатоосуна кете алышпай, эки көздөрү төрт болушуп, араң эле жүрүшөт.
(Чаян кыжаалат болуп санаага бата түштү).
Айтты-койду дээрсиң Чаян, жылкың эмес жылкыңдын тезегин көрө албай каласың, анан. Ушу кыргыздар киши ишенчү кишиби?!. Тапкан экенсиң сен, таяна турган кишини! (Башын чайкап басып кетти.
Чаян турду дел болуп).
Чаян. (Күбүрөнүп) Шорум чындап каткан го?!. Кыргыздарга алданып, башымды маң баскан го?!.. 

Он биринчи сахна

Алтай. Күн төбөгө көтөрүлгөн маал. Ошол маалда жылкы тийип баратышкан жоон топ маңгул каракчылар өрүүн кылып атышкан. Аңгыча күзөттө турган маңгул энтеңдеп жетип келди. 
Күзөтчү маңгул. (Демин баса албай) Куугун!.. Куугун!.. Куугун келатат!.. 
Маңгулдардын төбөлү. (Оордунан атып турду) Куугун дейсиңби?!.
Күзөтчү маңгул. (Демин баса албай) Ооба!.. Аргымак минишкен топ атчан, жалаң!.. Артыбыздан келатышат!.. Сүрлөрү жаман!.. Тигине!.. Келип калышты!.. Коркуп турам, калабызбы, аман?!.
(Маңгулдар куугун келаткан тарапты кооптоно карашты).
Маңгулдардын төбөлү. (Чабарманга) Эй, неме!.. Куугун кууй турган киши жок калды дебедиң беле?!.
Чабарман. (Таң кала) Жигиттердин баары аң улоого кетишкен, бүт эле.
Маңгулдардын төбөлү. Анда буларың ким?!.. Тээтиги кол башчысы каяктан чыккан неме?
Чабарман. (Бүшүркөп) А-а-а.. Тааныдым, жанагы малай жүргөн кыргыздар турбайбы. Байдын малын байкуш аяйт болушуп, жол тосуп келишкен турбайбы. А, кол башчысы Жакып деген жигит. О, кокуй, мындай малайларды көз ачып-жумгуча эле балжа-булжа кылабыз, качырып кирип.
Маңгулдардын төбөлү. Аттангыла!.. Каадалуу жоодон бетер, артыбыздан кууп келаткан береги, кыргыздардын сазайын колуна берели!..
(Маңгулдар шапылдашып аттарына жүгүрүштү).

Он экинчи сахна*

Кыргыздар менен маңгулдар беттешишип, ач-кыйкырык куу сүрөөн болуп жатып калышты. Кандуу кармаш башталды. 
.
Он үчүнчү сахна

Алтай. Чаяндын айылы. Чаян бай жол карап, санаасы санга бөлүнүп турган. Жанында баягы түрү суук, сокур калмак.
Түрү суук, сокур калмак. (Чаянга) Мына, айтпадым беле?!. Ал арамдарың маңгулдар менен жарашып алып, сан жылкынын жарымын алдыларына салып, эл-жерин көздөй кетишти да, Алтайда болмок белек деп, карып.
(Чаян эмне дээрин биле албай турду.
Ошол маалда жер дүңгүрөткөн жылкылардын дүбүртү алыстан жакындай баштады. Чаяндын чечекейи чеч болуп кетти).
Чаян. (Кыйкырып) Мына-а!.. Мына-а!.. Келатышат!.. Келатышат!.. Жайнаган жылкым жайык бетке күтүрөп кирип келди!.. Кудай берди-и!.. Кудай берди-и!..
(Түрү суук, сокур калмак көргөн көзүнө ишене албай турду. Анан кабагы бүркөлө түшүп, Чаян байдын жанына турбай башын жерге салып басып кетти, алыс.
Чаян бай ыраазы боло, көзүнөн жаш чыгып, сакалы ылдый куюлуп турду).
Чаян. (Күбүрөнүп) Ыраазымын!.. Эки дүйнөдө ыраазымын!.. Балам!..
(Ошол учурда аргымактын азынаганына аралаш, Жакып энтеңдеп, Чаяндын жанына жетип келип, таазим кылып турду. Чаян Жакыпты бооруна кыса кучактап, кемшиңдеп ыйлап ийди).
Жакып. Байым, маңгулдардын адебин колуна бердик, жылкыларыңызды түгөлү менен кайтарып келдик. 
Чаян. (Чексиз ыраазы болуп) Кагылайын, Жакып балам!.. Сөөгүмдү ыраазы кылдың, бүгүн, менин. Бүгүн толук көзүм жетти, ак жүрөк, агадил экениңе, сенин. (Кичине тынымдан соң) Айтаар сөзүм бул, Жакып балам. Мен улам улгайып, картайып барам. Колумда жок, тукумумду улоочу уул балам. Эгер, Жакып уулум өзүң туура көрсөң – кызым Бакдөөлөттү өзүңө токолдукка берейин. Бала оордуна бала, бото оордуна бото болуп берсең. Өрүштө жаткан чатырап, мал сеники балам. Өсөөрүм калбай өлөөрүм калганда, ошончо малды кайда алып барам. Көрүмө ала кетмек белем, анан. Айтканыма көнөсүң го деп, атаңдай болгон кишинин сындырбай шагын, макулдугуң бересиң го деп, айтып турган чагым.
Жакып. (Ызаат менен) Тентип келген эл элек, жоюлуп, жоголуп кетээрде өзүңүз бизди сактап калдыңыз. Биздей азган-тозгон элдин тагдырын өз моюнуңузга алдыңыз. Ал кылган жакшылыгыңызды кыргыздар эч качан унутпаспыз. Бул кылган жакшылыгыңыз үчүн кыргыздар сизге ыраазы. (Кичине тынымдан соң) Баятан кебиңизди угуп, ата, ичимден турам, муюп. Бала бол десеңиз – бала болуп берейин. Сизди кайнатам эмес, өз атамдай көрөйүн.
(Чаян муну укканда кубанып Жакыпты бооруна сыга-сыга кучактады).
Чаян. (Чексиз ыраазы боло) Кагылайын, Жакып балам!.. Мындан ары кыргыздар малай эмес калмакка, канатташ жаткан эл болот! Ушул сөздөн мен тансам, эгерим эки болбоюн!.. Кыргызды жалчы дегендин жолун өзүм торгоюн!.. Элиме ыза кылдырбай, кыргызды өзүм коргоюн!..
Жакып. (Чексиз ыраазы боло) Ыраазымын атаке, айкөлдүн айкөлү экенсиз!..
(Ошол учурда ак өргөөнүн туурдугун түрүп, керегенин артынан суйсалган сулуу Бакдөөлөт Жакыпка улам-улам суктана тиктеп, жүзү албырып, бети тамылжып турду).


Экинчи бөлүм

Он төртүнчү сахна

Алтайдын талаасы. Аттардын дүбүртү, кишенегени улам жакындап олтуруп, адамдардын кыйкырык, ызы-чуусу коштоп кетти. 
Үч-төрт калмак башы айрылган Жакыпты сүйрөп келатышты. Алардын соңунда баягы түрү суук, сокур калмак бар эле. 
Түрү суук, сокур калмак. (Калмактарга) Токтогула, ушул жерге!..
(Калмактар токтоп калышты).
И-и, болушаары жок, куубаш кыргыз!.. Катындарынын согончогу канабаган-туубас, кыргыз!.. Чаян берген малга ченебей байып, ченде жок маарып, эми ата-бабабыздан калган жайытыбызды тепсетип, малыңды каалашыңча жайып, тайраңдагың гана бар экен, ээ?!. Бул жер сага жер эмес!.. Бул эл сага эл эмес, тентиген кыргыз!.. Кааласак сени, экинчи кылабыз, тургус!.. Алдыкы алмадай болгон башыңды алып тынабыз!.. Мобул, жайнаган малыңды кандуу булоонго салып тынабыз!.. Жайытыбызга малыңды жайып, каалаганыңдай басып, каалаганыңдай жатып, эсирбей жүр!.. Тентиген кыргыз, тегиңди бил!.. (Калмактарга) Таштагыла, ушул жерге, кучактатып жолду, эси-көөнүнөн кеткис кылдык. Экинчи, жайытыбызды тепсегис болду.
(Түрү суук, сокур калмак баш болгон калмактар Жакыпты жолго ташташып, өздөрү жолун улап кете беришти).
Жакып. (Көккө карап күңгүрөндү). О-о, Теңирим, ушулардан көрдүм кордукту! Башымды жарып сабашты, көргөзүп мага, чоңдукту. Чабышайын десем мен, Алатоо, кенен жерим жок. Алышайын десем мен, артымда кыргыз элим жок. Кантейин, хандын уулу элем, ата-журттан айрылып мусаапыр болдум, кар болдум. Алтайга келип тентиреп, тентимиш атка мен кондум. Элүүгө жашым келгенче, бир туякка зар болдум!.. (Кичине тынымдан соң) Жаман алачыгымдан башка байлыгым жок кедей элем, эми минтип, “бай Жакып” болдум, өрүшкө малым батпай. Кубанайын дейм, ичим тызылдайт, түнкүсүн тынч жатпай. Баркырап түшкөн баланын үнүн укпай, куу баш болдум, эр ортонуна чыгып – чыкпай. Байлыгым бар, балам жок, байкуш Жакып боломбу?!. Өмүр бою ушинтип, куу баш атка кономбу?!, Теңирим, болгон байлыгымды ал. Болуп турам жалгыз туякка зар! Байлыгым да ошол, ырысым да ошол болсун, бала бер, ушинтип кылбай кар?!. (Көзүнүн жашы каканактап чарайнасына толуп келатты).

Он бешинчи сахна

Алтай. Бай Жакыптын өргөөсү. Кеч бешим чен эле. Бай Жакып куш жаздыкка башын коюп, уйкунун кучагында болчу. Байбичеси Чыйырды менен, токолу Бакдөөлөт да эс алып, уктап атышкан.
Бай Жакып уйкусунан чочуп ойгонду. Көзүн ушалап тура калып, уктап жатышкан байбичеси менен токолун көрдү. Бай Жакып оозун ачып тигилерди ойготкуча эле Чыйырды да, Бакдөөлөт да уйкуларынан ойгонуп тура калышты.
Жакып. (Аптыгып, шаша-буша) Бир түш көрдүм… 
Чыйырды. Мен да ошондой түш көрдүм!..
Бакдөөлөт. Мен да ошондой түш көрдүм!..  
Жакып. (Ого бетер таң кала) Силер да көрдүңөрбү, ошондой түш?
Чыйырды. Ооба!
Бакдөөлөт. Ооба!
Жакып. Учуп кирди Буудайык…
Чыйырды. (Таң кала) Мен да көрдүм Буудайык…
Бакдөөлөт. (Ого бетер таң кала) Капырай, мен да көрдүм Буудайык!..
Жакып. Ак өргөөмдүн ичи капысынан нурга бөлөнө түшүп, башыма күн, төшүмө ай, аягыма чолпон жылдыз тогоп ийди. 
Чыйырды. (Аптыга улап) Аңгыча куш десе куш эмес, же куу десе куу эмес, болот сымал текөөрү бар, жүнү үлбүрөгөн аппак кар сымал, тумшугу тунжур жаныбар куш төрөсү – Буудайык ак өргөөгө учуп кирип… 
Бакдөөлөт. (Улап) …туурга коно калды. 
Жакып. Баятан эмне болуп атканын түшүнбөй элейип турган жаным, алиги Буудайыкты аярлап кармадым да, жүнүнөн сыладым. 
Чыйырды. (Улап) Куш бир башкача шаңшып-шаңшып алып… Бакдөөлөт. (Улап) …өргөөдөн сыртка учуп чыкты. 
Жакып. Мен артынан кошо чыктым. Менин соңуман силер кошо чыктыңар. Өргөөнүн сыртына чыгып Буудайык канатын күүлөп катуу-катуу шаңшыганда, бороон-чапкын болуп, токой жапырылып, жан-жаныбарлардын эси чыгып, канаттуулар жерден боорун көтөрүп уча албай турушту. 
Чыйырды. (Улап) Ансайын Буудайык көктү көздөй көкөлөп көтөрүлүп баратты.
Жакып. Мен Буудайыкты суктана карап, жүзүм нурданып турду. Бакдөөлөт. Биз да Буудайдыкты узата карап кубанып аттык.
Жакып. Бул анда кандай түш?.. 
Чыйырды. Бул түш оңой түш эмес. Бул түштүн жок жаманы, биз үчөөбүз көргөн түш Теңирдин берген аяны. Андан көрө Кудайдан тилейли, жакшылыгын берсин деп. Ак өргөөнүн ичине бакты-таалай кирсин деп.
(Үчөө Кудайга табынып турушту).

Он алтынчы сахна

Алтай. Арадан бир нече убакыт өткөн. Чыйырды менен Бакдөөлөт бири өрмөк согуп, бири чий чырмап олтурушкан, ак өргөөнүн жанында. Аңгыча, өрмөк согуп аткан Чыйырды ишин токтото 
салып, олтуруп калды, бөйрөгүн таянып, чекесинен чыпылдап тер чыга түштү заматта. Чыйырдынын абалын байкай койгон Бакдөөлөт, ишин токтото коюп, Чыйырдынын үстүнө үйрүлүп түшө калды.
Бакдөөлөт. Эмне болду, сизге?!.
Чыйырды. (Оор дем ала) Билбейм… башым айланып… Кускум келип… 
Бакдөөлөт. (Кубанып кетти) Кудайым өзү берген го!.. Зар какшап жүргөн убакта, зарыбызды көргөн го?!. Түштө көргөн Буудайык кайыптан бүтүп келген го?!.
(Чыйырды чекесиндеги терин сүртүп, Бакдөөлөттү колунан кармап оордунан турду да, көгөргөн көктү карады. Тыным).
Чыйырды. Жүрү, сиңдим, тээтиги кыржондогу жылкычыга баралы. Талгак болуп турам… жолборстун жүрөгүнө, жанагы.
Бакдөөлөт. Ай-и-ий, эже!.. Жүрүңүз, барса баралы. Эңсегенин жебесе, эзели талгак канабы!..
(Чыйырды менен Бакдөөлөт ээрчишип кыржонду көздөй басышты. Улам-улам тынган Чыйырдыны жөлөп-таяп, жанында баратты Бакдөөлөт.
Эки аял кыржонго чыкканда жылкычы энтеңдеп келип, тиги экөө менен учурашты).
Жылкычы. Амансыңарбы, жеңелер?
Чыйырды, Бакдөөлөт. Аманчылык, аманчылык…
Жылкычы. (Жайдары) Жоготкон жогуңар барбы?.. Же сейилдеп келели деп келип калдыңарбы?
Чыйырды. (Энтиге) Иним, жеткире алаар бекенсиң жеңеңди, тилегине? 
Жылкычы. Айтыңыз.
Чыйырды. Көптөн бери талгак болуп жүрөм, жолборстун жүрөгүнө.
Бакдөөлөт. (Жылкычыга) Кагылайын, иним, карап турбай тезинен чап. Карачаар жолборстун көкжалынан тап!..
Жылкычы. Жарайт, жеңелер!.. Барбаган жерге барамын, силер үчүн, көксөгөнүңөрдү табамын! Мына, дүрбүм, карап тургула, мени. (Дүрбүсүн бере салып, шашкалактап жөнөп калды. Чыйырды менен Бакдөөлөт жылкычыны узата карап турушту.
Тыным).
Чыйырды. (Чыдамы кетип) Жеттиби?
Бакдөөлөт. (Дүрбү салып) Мелмилдеп аккан чоң дайранын боюна жетти. Кою өскөн камыш экен. Алеңгир жаасын колуна алып, жылкычы мышыкча жыла басып, эки жагын аяр карап, калың камышты аралап кирип кетти. (Чочуп кетти) Кудай сакта!..
Чыйырды. Эмне болду?!.
Бакдөөлөт. Жолборс күркүрөп атат ко?.. 
Чыйырды. (Кулак түрүп) И-и, күркүрөп аткансыйт. Жылкычы уктубу, анан?
Бакдөөлөт. Укту го. Тигине, жылкычы камыштын ачык жерине чыга түштү. Жаасын бетине кармап аңдып калды. Обочороок жерден элес-булас бир нерсе өтүп кеткенсиди. 
Чыйырды. Жолборс ко?..
Бакдөөлөт. Ошондой го… (Чочуп кетти) Тигине!.. Тигине!.. Жылкычы элеңдеп эки жагын карап, күтүп атат. Килейген карачаар жолборс жыла басып, жылкычыны аңдып, кол салууга даярданып калды!.. (Кыйкырып) Кокуй!..
Чыйырды. Эмне болду?!.
Бакдөөлөт. Карачаар жолборс шырп алдырбай келип жылкычынын артынан кол салды!..
Чыйырды. Көрдүбү, жолборсту, жылкычы?
Бакдөөлөт. Эми араң көрдү!.. Жаасын тартканга, үлгүрбөй калмак болду!.. 
Чыйырды. (Кабатыр боло) Эми эмне болот?!.
Бакдөөлөт. Жебеси менен… бышып алды окшойт, такыр колтукка.
Жолборс жылкычыны баса жыгылды!.. 
Чыйырды. Анан?!..
Бакдөөлөт. Анан!.. Анан!.. Бутун серппей калды!..
Чыйырды. Жылкычыбы?!.
Бакдөөлөт. Жок. Жолборс. Тигине!.. Тигине!.. 
Чыйырды. Эмне болду?!.
Бакдөөлөт. Тирүү экен!.. Тирүү экен!..
Чыйырды. Жолборспу?!..
Бакдөөлөт. Жок!.. Жылкычы!.. Апе-ей, бул эмнеси?
Чыйырды. Эмне болду?!.
Бакдөөлөт. Камыштын арасына сүйрөп кирип кетти, жолборсту.
Чыйырды. Карга-кузгунга жем болбосун деп, аяп атса керек. 
(Экөө күтүп калышты). 
Бакдөөлөт. (Аңгыча кубанычтуу кыйкырып ийди) Тигине!.. Тигине!.. Келатат!.. Атына олбуй-солбуй камчы уруп…
(Чыйырды да кубанып кетти.
Аңгыча жылкычы эки аялга энтеңдеп жетти. Тээ алыстан эле койнунан чүпүрөккө оролгон жүрөктү алып чыгып, кыйкырып келатты).
Жылкычы. (Кыйкырып) Мына!.. Мына!.. Алып келатам!.. Жолборстун жүрөгүн!..

Он жетинчи сахна

Алтай. Күн шашке чен. Бай Жакыптын өргөөсү. Алабаканды мыкчый кармаган Чыйырды ээрдин кесе тиштеп, кетпеген жеринин тер кетип, толготуп атты. Айланасында катын-калач. Катын – калачтын башында Бакдөөлөт, Сулайка.
Ак өргөөнүн сыртында, дөңсөө жерде жүзүн санаа басып бай Жакып тынч ала албай турду, улам-улам үй тарапка кулак түрүп. Жанында Акбалта.
Жакып. (Кабатыр боло) Бул эмнеси, аба? Толготконуна бүгүн тогуз күн болду. Эмнеге көз жарбай атат? Кудай эмне мынча кууратып койду?.. Дагы канча күн толготот? Курган Чыйырды ушуга түтөбү?
Акбалта. Бир аз чыдай туралы. Дагы кичине күтөлү. 
Жакып. Жок, аба. Мындан ары мен чыдай албайм. Уул төрөдү деп уксам, жүрөгүм кабынан чыкпасын. Андан көрө Туучунагымды токуп минип, жылкымды күнчүлүк жерге айдайм. Кырк карбоз быштыга ээр токутуп, кермеге катар байлайм. Кырк быштыны четинен мингиле. Сүйүнчү айтууга мага беттеп жүргүлө.
Акбалта. А кокус уул оордуна кыз төрөлүп калса кантебиз?
Жакып. (Муңая түштү) Кыз бала болсо… Айланайын, аба, башка бирөөгө бүлөө болот тура, кыз бала. Кокус Чыйырды кыз төрөсө… Убара болуп, сүйүнчүлөбөгүлө, душманга күйүнчүлөбөгүлө. 
(Бай Жакып дөңдөн түшүп баратты, артына улам кылчак – кылчак карап).
Сулайка. (Акбалтанын жанына келди, кабатыр боло) Деги аман төрөсө экен!.. Жаны катуу кыйналды, калаар бекен, эсен? 
Акбалта. (Асманга карап) Бир Кудайдан тилейли ошону.
Сулайка. Курган Чыйырдынын мүүн-жүүнү бүт бошоду.
Акбалта. (Асманды тиктеген калыбында) О-о, жараткан, сага ырахмат, бизге ушунча ырыс берген!.. 
Сулайка. (Кабатыр болгону жасылбай) Кыйын эле болот экен го, улгайганда бала көргөн.
(Аңгыча, асман-айды жаңырта кишенеген жылкынын үнү угулду).
Акбалта. (Жакып кеткен жакты карап) Кудай сактай көр!..
Сулайка. (Чочуп кетти) Капырай, тигинде бир жылкы аял-буялга келбей, үйүрдөн бөлүнүп чыкты да, жылкычыларга ээ-жаа бербей?!. 
Акбалта. А-а, жаныбар, кула бээ беле. Тууй турган маалы келди эле. Ээлигип калган го, толгоосу кармап. Эми муну сан жылкычы болсо да кете алышпайт, айдап. (Сулайкага) Башынан эле баамдап койдум эле, кулуну тулпар чыгат, мунун, айтты-койду дебе. 
(Жылкынын асман-айды жаңырта кишенегени Акбалта менен Сулайкага улам жакындап келатты). 
Сулайка. (Үрөйү учуп) Э, кокуй, бул эмнеси, түз эле биякка качканы?!.
Акбалта. Ошол да, жаны ачынып атканы.
Сулайка. (Үрөйү учуп) Тим эле, атырылып келатат, аңды-дөңдү карабай, тепсеп кетпесин, кокус кирсе, айылды аралай?!.
Акбалта. Чочуба, жылкы кургур акылдуу жаныбар. Кайра жакшы, айылга жакын келгени. Кула бээнин толготуп калганы бекер эмес, бул дагы Кудайдын бергени. 
(Жылкы теребелди буй кыла азынаган бойдон жакын жерден өтүп кетти).
Сулайка. (Узата карап) Коктуга кирди!.. Дагы кайда барат?!.
Акбалта. (Артынан узата) Эти катуу ачынып калыптыр, бир паста эле тууп салат. Аркасынан барып билейин, акмалап (Басып кетти. 
Чыйырды дагы эле толготуп атты. Анан, бир аздан соң жан чыдагыстай чыңырып алды, Чыйырды. Ага удаа баланын ай-ааламды жаңырткан баркыраган үнү угулду. Аялдардын баары кубанычтуу чурулдап ийишти).
Бакдөөлөт. (Бышактап ыйлап ийди) Уул!.. Уул!.. Сүйүнчү!.. Сүйүнчү!.. У-ул!.. Балкайган уул төрөлдү-ү!..
(Ошол мезгилде жылкынын чыңырыгына удаа теребелди жаңырта кулун кишенеди, жылаажын үн менен, Баланын үнү да дарылдап басылбай атты.
 Он айлыктай болуп балкайган баланы ороп-чулгап, колдоруна алышып, кубанычтары коюндарына батпай турушту, аялдар “Эркек!.. Эркек!..” дешип бири-бирине сүйүнчүлөп атышты.
Сулайка баланы алып ороюн десе, наристе колун тартып алат).
Сулайка. (Таң калып) Капырай, тим эле чоң эле бала. Колун тартып алганын кара.
(Бакдөөлөт наристени өзү колуна алып, баланы кубана жүзүнөн сүйүп, апакай чүпүрөгүнө ороду. Ошол учурда Бакдөөлөт наристенин маңдайынан нур түшүп турганын көрдү).
Бакдөөлөт. (Жаны кыйналып турса да уулун карап кубанып турган Чыйырдыга). Эжеке, караңыз!.. Караңыз!.. Оңой эмес бул балаңыз!.. Маңдайынан нур чыгып атат!.. Чоң кишидей баркырап, бир башкача үн чыгып атат!.. Бактысына кыргыздын туулган окшойт, бул бала!.. Караңызчы эжеке, бизди карап атканын, көздөрүнөн нур жана!..
Чыйырды. (Шайы кетсе да, чымыркана) Айтканың келсин, Бакдөөлөт!.. Бул, экөөбүздүн тун бала. Кыргызды баштап, Алтайдан Алатоо беттен көчсө кана?!. Адегенде аман болсун... Анан эл керегине жараган адам болсун!..
(Бакдөөлөткө аялдардын бири томурулган сары май бере салды. Бакдөөлөт наристени сары май менен оозандырып турду). 

Он сегизинчи сахна

Жайлоо. Жылкысын жайып коюп, эки көзү төрт болгон Жакып, улам-улам айылын карап аткан. 
Жакып. (Жанындагы жылкычы жигитке) Биринчи сүйүнчүлөп келгенге, тээтиги мен тандап койгон тогуз камбар жылкыны бересиң. Бир кылка кылып иргеп койдум, чобур берип койду дебесин.
Жылкычы жигит. Жылкынын тандапсыз жалаң асылын. Мынча эмне чачылдыңыз, жетпей турат акылым?
Жакып. Зарыгып жүрүп, көргөн атсам бир туяк, сансыз жылкыны сүйүнчүсүнө берсем, мени ким тыят. Кесир сүйлөп атат дебе. Жылкы байласам да желе-желе, туурга конгон туйгунум жок болсо, ошончо мал мага опоо болмок беле!.. 
Жылкычы жигит. Аныңыз ырас… аныңыз ырас… 
Жакып. (Толкундана аптыгып, жылкычы жигитке) Тээтигинде бирөө келатат. Колун булгалап, бир деме эле деп атат. Жакшылап карачы, ким экенин.
Жылкычы жигит. Тааныдам!.. Көкчологун күйүктүрүп келаткан Акбалта абам турбайбы!.. 
Жакып. (Селейе түштү, оозуна сөз кирбей) Акбалта абамбы?!.
Жылкычы жигит. И-и, Акбалта абам экен!.. 
Жакып. (Алдастап) Эмне дээр экен?!.. Алдынан утурлай барайын!.. 
Жүрөгүм кабынан чыкчудай болуп турат, тезирээк угайын кабарын!.. 
(Антаңдап чуркап жөнөдү. Ошол маалда энтеңдеген Акбалта Жакыпка жетип калган. Бута атым жерден эле Акбалта кыйкырып ийди, сүйүнчүлөп).
Акбалта. Сүйүнчү, эле сүйүнчү!.. Душманга болсун күйүнчү!.. Чыйырды уул төрөдү!..
Жакып. Уул?!. (Эси ооп кулап түштү жерге.
Муну көргөндө Акбалтанын эси чыгып кетти). 
Акбалта. Айланайын, Жакып, эмне болду сага?!. (Жулкулдатты эле Жакып эсине келген жок. Жылкычы жигитке) Ай, бала!.. Сайга жүгүрүп түшүп, кол чаначка суу алып келе калчы, мага!.. 
(Жылкычы жигит сайды көздөй чуркады). 
Э-э, Жакып, эсиңе келчи!.. Жооп берчи, кокуй, жооп берчи!.. 
(Жакып дагы эле ың-жыңсыз жатты) 
Э, кокуй, уулуң төрөлгөндө сенден айрылып каламбы?!. Ай, Жакып, зар какшатпай көзүңдү ачып, уксаң боло, абаңды!.. Маңдайыңда турам, убайымга батып!.. (Бир кыйлага убара болду, Жакыпты эсине келтире албай. 
Аңгыча жылкычы жигит жүгүрүп жетип келип калды, кол чаначка суу көтөрүп. 
Акбалта кол чаначты ала коюп, Жакыптын бетине суудан чачып-чачып ийди. Муздак суу бетине тийгенде Жакып ичиркене түшүп, эсине келди).
Жакып. (Көзүн араң ачып, оордунан тура албай жатып) Айланайын, абаке, сүйүнчүңө тандагын, тогуз камбар жылкыны, жайытта турат, мынаке!.. А мен үйгө чабайын!.. Бачым жетип барайын, баламды колго алайын!.. (Жылкычы жигитке) Туучунагымды бери тарт!..
Акбалта. Жакып!.. Кулабээң да кошо тууду!.. Ай маңдай аймоңбоз кулун!.. Телчигип турганын өзүм көрдүм, маңдайынын сылап, жанынан келдим!.. 
Жакып. (Кубанычы койнуна батпай) Теңирдин жалгаганын кара!.. Тулпарын кошо берген турбайбы, аба!.. (Оордунан туруп, жылкычы жигиттин артынан чуркады, Туучунагын көздөй).

Он тогузунчу сахна*

Көзүнүн жашы он талаа болуп этек-жеңин делбектетип, чуркап келаткан Жакыптын алдынан, сүйүнчүлөөгө жигиттер жабыла тосуп чыгышты.
Жакып. (Алыстан эле кыйкырып келатты) Сүйүнчүңө… ар бириңе бир бышты!… Минип кете бергиле!.. Сүйүнчүңө бир бышты!.. Алып кете бергиле!..
(Жигиттер кубана Жакыпты коштой чуркашты. 
Жүзү ылдый жаш куюлуп, жакасы жагжайып чуркап келаткан Жакыпты айылдагылардын баары жарданып карап турушту).
Жакып. О-о, кудай, бабээдиниңе!.. О-о, кудай, бабээдиниңе!.. Аксарбашылымды айтам!.. Аксарбашылымды айтам!..
(Жашына ээ боло албай күйүккөн Жакып, өргөөсүнө кирип келди. Өргөөдө Чыйырды менен ымыркайды тегеректеген аялдар тең жарыла беришти. Көргөн көзүнө ишене албай турган Жакып, көзүнөн жашы ого бетер куюлуп, ымыркайын колуна ала койду. Анан кумарлана жыттап-жыттап ийди). 
Жакып. (Жашына ээ боло албай) О-о, Кудай, ыраазымын!.. Ыраазымын!..
(Капысынан Жакып селейе түштү. Баланын артында кара көк жал жолборс жойлоп, карачаар кабылан капталында чамынып, көсөө куйрук көк арстан оң жагынан камынып, күркүрөшүп ымыркайдын оң ийнинен бир, сол ийнинен бир жытташып, комдонуп жатышты.
Жакыптын артынан кошо жете келген Акбалта да Жакып көргөн сырды көрүп, буркурап көзүнүн жашын төгүп ийди).
Жакып. (Оозуна сөз кирбей) Көрдүңүңүзбү, аба?!. Же жөн эле көрүнүп атабы, мага?!. Уулумдун артында кара көк жал жолборс жойлоп, карачаар кабылан капталында чамынып, көсөө куйрук көк арстан оң жагынан камынып турат да!.. Бул эмнеси?!.
Акбалта. (Көзүнүн жашы он талаа болуп) Көрдүм, көрдүм!.. Айтпадым беле, Жакыбым!.. Айтпадым беле, мен сага!.. Жөн бала эмес бул бала!.. Алатоого кайрылып көчүрчү бала, бул бала!.. Зордукчул каракытайдын очогун тегиз муздатып, өчүрчү бала, бул бала!.. Эзүүдөн элим чыгат ко!.. Эл-жерин тапкан кыргыздын, башында уулуң турат ко!..
Жакып. (Кубанычы койнуна батпай) Айтканың келсин, абаке!.. Андай күн келсе канаке!..
Акбалта. Ошол күнгө жеткизчү, уулуң сенин мынаке!..
(Аңгыча өргөөнүн эшиги акырын шырп алдырылбай ачылып, аса-мусасы бар бир дубана жыла басып кирип келди. Жакып чочуп кетип, уулун калкалай калды).
Дубана-бакшы. (Ак уруп) Ак!.. Ак!.. Ак!.. Менин атым Нурбаба!..(Наристени көрсөтүп) Тегин эмес бул бала!. Ак!.. Ак!.. Ак!..Тилегеним, жакшылык. Теңирим берген аманат, бергени келдим, тапшырып. Ак!.. Ак!.. Ак!.. 
(Жакыптын кулагына келип шыбырады) Эч бир жан муну билбесин, кокус угуп бирөөлөр, душманыңа акырын жарыя кылып жүрбөсүн!.. Аты Манас, билип ал!. Эсиңе бекем түйүп ал!.. Эсенкан билсе чын атын, эмитен эле ал канкор, эсебин табат уулуңдун. Эсине кире электе, көкбөрү тартат балаңды, ошондо тамтыгы чыгат тууруңдун. Он экиге чыккыча, балтыр эти толгуча, балкайган баатыр болгуча, Манас атын билбесин, өзүңдөн башка эч бир жан. Бир колуна бул балаң, уучтап түштү кызыл кан. Кармашкан жоодон кан чыккан, каарынан жан чыккан, көйкашка баатыр алп болот! Бир колунда зээри бар, бул уулуңду билесиң, түбүнөн хан дээри бар. Ак!.. Ак!.. Ак!..
 (Жакыптын койнундагы наристеге жакындап оң кулагына бир, сол кулагына бир шыбырады) Атың – Манас!.. Атың Манас!.. 
(Анан койнунан болот ок алып чыкты, Жакыпка) Мынабул жөн ок эмес, болоттон түгөл жасалган. Ушул ок менен уулуңду оозандырып койгунуң. Андан кийин байбичең жакасына жамасын, ак көйнөккө билгизбей аярлап туруп кадасын. (Окту Жакыптын колуна берди да, аса – мусасын шалдыратып үйдүн ичин үч айланып ак уруп кирди) Ак!.. Ак!.. Ак!.. (Андан соң кандай келсе дал ошондой көздөн кайым болду.
Ооздорун ачып, таң калгандан делдейип тургандарга Жакып кыдырата карады да, анан болот ок менен наристесин оозандырды).
Жакып. (Дагы эле толкунданганы басылбай) О-о, жараткан!.. О-о, жараткан!.. Ушунуңа шүгүр!.. Ушунуңа шүүгүр!.. 

Жыйырманчы сахна

Чет-Бээжин. Эсенкандын ордосу. Күүгүм кире, күн бата Эсенкан эрке аялын жанына алып, бийчисин, чоорчусун чоордотуп, көңүл ачып олтурган. Аңгыча баш вазири таазим кыла кирип келип, Эсенкандын кулагына шыбырады. 
Вазир. Ордоңуздун алдында башкы төлгөчүңүз турат, жан-жөөкөрлөрү менен. Өтө зарыл, шашылыш айта турган аябай маанилүү кабарым бар дейт.
Эсенкан. (Башын ийкеп) Кирсин.
(Вазир эшик кайтарган жигитке ишаарат этип койду эле, ал сыртка чыгып кетип, заматта Эсенкандын башкы жылдыз санагычын (төлгөчүсүн) толгон жан-жөөкөрлөрү менен ээрчитип кирип келди. Бал китебин көтөргөн башкы жылдыз санагыч үрпөңдөп Эсенкандын алдына жетти).
Башкы төлгөчү. (Үч бүгүлө таазим этип) Таксыр ханым!.. Чыгып турат, ушул азыр жаным!..
(Эсенкан башкы төлгөчүсүнүн түрүн көрүп, бийчи, чоорчуларын ишаарат кылып токтотту. Тигилер ордодон чыгып кетишти).
Эсенкан. И-и, эмне мынча үрпөңдөп алгансың? Өң-алеттен кетип, эмне болуп калгансың?!.
Башкы төлгөчү. Бал китептин айтуусуна караганда, асмандагы жылдыздардын тогошуусун санаганда, ушул тапта, буруттардын ичинде бир наристе туулуп аткан кези экен. Ал наристе так Манастын өзү экен!..
Эсенкан. Манас болсо эмне экен?
Башкы төлгөчү. О-о, кокуй таксырым, Манас туулса дүйнөгө, азат кылат кыргызды!.. Алоокени кууйт экен!.. Кыргыздын күнү тууйт экен!.. Чет-Бээжинди басат дейт!.. Манасты көргөн душманы чыдай албай качат дейт!..
Эсенкан. (Төлгөчүнү тикирейе тик карады) Ушунуң чынбы, төлгөчүм?!.
Башкы төлгөчү. Төөгүн дегиңиз келип турабы, кудайдын берген төлгөсүн?.. (Төлгөчүнүн жан-жөөкөрлөрү кубаттап ийишти башчысын).
Эсенкан. Манас дедиңби атын?
Башкы төлгөчү. Ооба, таксыр ханым!.. Манас экен аты, анын.
Эсенкан. (Кабагын түйүп) Сууруп алам жанын!.. Суудай кана төгөм канын!.. (Вазирине) Жасоол башчылардын баары, бирөө да калбай, тезинен алдыма келсин!..
Вазир. Көз ачып жумгуча алып келем!.. (Кулдук уруп чыгып кетти да, бир заматта жасоол башчыларды баштап кайра кирип келди).
Эсенкан. Эртеңден калбай төгөрөктүн төрт бурчун кыдырасыңар! Буруттун буту тийген жер калтырбай, сыдыргыга салгандай сыдырасыңар! Эч кимге шек алдырбай туруп, Манас аттуу ымыркайды табасыңар! Колуңарга тиер замат, менин алдыма токтоосуз алып жетип келе каласыңар!.. Жаш баласы бар үйгө бирден киресиңер. Баланын аты ким экенин шек алдырбай билесиңер. Түшүндүңөрбү мени?
Жасоол башчылары. (Бир ооздон) Түшүндүк, таксыр!..
Эсенкан. Түшүнсөңөр, баргыла эми! Эртеңкинин камын көргүлө. Кур кол келбей, жолдуу келгиле!..
(Жасоол башчылары сыртты көздөй шартылдап жөнөштү).

Жыйырма биринчи сахна

Алтай. Бай Жакыптын айылы. Жаңы төрөлгөн баланын тоюна туш-туштан убай-чубай эл агылып келип атты. Кемегелерде былкылдап эт бышып, жарданган элдин ортосунда балбан күрөш өтүп, эл сүрөп турушту.
Аңгыча тойдун таң-тамашасы токтоду. Элдин баары жарданып бай Жакыптын өргөөсүн карашат. Ошол маалда барбайган баласын эки колдоп бооруна кыса кучактай көтөргөн Жакып Чыйырды менен Бакдөөлөттү ээрчитип калдайган калың элдин алдына чыкты.
Жакып. (Элге кайрылып) Айланайын, эл-журт!.. Мына, менин жалгыз туягым. Ушул азыр, силерди ат коюп берсе деп, алдыңарда турамын.
(Ошол учурда элдин арасында баягы Эсенкандын кылыр көз тыңчысы Шуйкуучу жүрдү, баарын баамдап, бүт эсине түйүп, элдин сүйлөшкөнүнө кулак түрүп, эки жагын аңдый карап.
Жабалактаган эл ар кайсы атты айтып чуулдап атышты. Бай Жакыптын көзү эмнегедир кылыр көз тыңчы Шуйкуучу менен чагылыша түштү. Жакып чочуп кетти).
Жакып. (Эстей албай өзүнчө) Тээтиги кылыр көз түгөттү кайдан көрдүм эле?!. Өңү жылуу учурайт, эстей албай турам, бул кыргыздын кайсы айлынан келген неме?
(Кылыр көз тыңчы Шуйкуучу Жакыптын тигилип калганын көрүп, акырын сыр билгизбей көпчүлүктүн арасына кирип кетти).
Чыйырды. (Ойго бата түшкөн Жакыпты Чыйырды жеңден тартты) Сага эмне болду, байым?
Жакып. (Селт этип) Ойго батып кеткен турбаймынбы, курган жаным.
Чыйырды. Эл ат коюп атат, балага. Кайсынысы жарайт, кайсынысы калат?
Жакып. (Шашыла) Азыр айтам… (Элге карап) Уктум, уктум, айтканыңарды. (Эл тынчый түштү) Араңардан бирөө кыйкырды эле, ойго келбес атты. Ошону койсомбу деп турам.
(Эл дымып күтүп калышты).
Жакып. (Наристени көкөлөтө көтөрдү) Уулумдун аты… Чоңжинди!..
(Эл бир саамга селейе түшүп, анан чурулдап ийишти “Чоңжинди!.. Чоңжинди!.. Чоңжинди!..” дешип.
Чыйырды менен Бакдөөлөт бири-бирин таң кала тиктеше түшүштү).

Жыйырма экинчи сахна

Алтай. Бай Жакыптын өргөөсү. Өргөөнүн ичинде Жакып, Чыйырды менен Бакдөөлөт. Аңгыча сырттан Сулайка кирип келди. 
Сулайка. (Демиккенин баса албай) Эсенкан жасоол жибериптир!.. 
Жакып. Эмнеге?!.
Сулайка. Жаңы төрөлгөн наристелердин баарын түгөл билип, Манас деген баланы табабыз, деп түтүнмө түтүн түрүп, биякты көздөй келатышат, ар бир үйгө бирден кирип.
Жакып. “Манас” дейсиңби жеңе?!.
Сулайка. Ооба (чыгып кетти).
Жакып. (Санаасы бир жерге токтобой) Эми эмне кылабыз?
Чыйырды. Эмнени айтасың байым?
Жакып. Эсенкандын жасоолдору келип, наристебизди колдон талашсачы, азабыбызды колубузга берип?
Чыйырды. (Алдастай түштү) Анда эмне кылалы?!. Баланы бир жакка жашыра туралы?..
(Бакдөөлөт сыртка чыгып кайра кирди).
Бакдөөлөт. Келип калышты, мында!..
(Чыйырды менен Бакдөөлөт үрпөйүшүп, Жакып санаага сабыркап, шырп эткен дабышка кулак түрүп турушту, эмне болуп кетээр экен дешип. 
Аңгыча жасоолдор бай Жакыптын үйүнө кирип келишти. Жасоол башы дароо бешикти көздөй басты. Чыйырдынын чый-пыйы чыгып кетти. Жакып эмне кылаарын билбей калды. Бакдөөлөттүн деми буула түштү).
Жасоол башы. (Бешиктин жабуусун ачып, көпкө чейин балага сынай тигилди) Жаңы төрөлдүбү?
Чыйырды. (Өзүн зорго колго алып) Ооба.
Жасоол башы. (Бай Жакыпка тик карады) Аты ким?
Жакып. (Жүрөгү оозуна тыгылып, уурусун карматкан немече араң дегенде оозун кыбыратып) Баланын аты… Аты…
Жасоол башы. (Жакыпка шектүү карады) Атын сурап атам, баланын!..
Жакып. Баланын аты… Чоңжинди…
Жасоол башы. (Укпай калган кишидей кайра сурады) Ким дедиң?
Жакып. Чоңжинди.
(Жасоол башы Жакыпты сынай тик карап турду да, эки аялга кайрылды, ачуулуу).
Жасоол башы. (Өкүм) Чечкиле баланы!..
(Калтырап – титирешкен эки аял араңдан зорго наристени бешиктен чечип алышты. Бай Жакып болсо эмне кылаарын билбей дел болуп турду).
Жасоол башы. Баланы мага бергиле!..
(Чыйырдынын өңү чүпүрөктөй бозоро түштү. Бакдөөлөт нес болуп калды).
Жасоол башы. (Ачуулу) Кулагыңар барбы, силердин?!. Же уктуңарбы, чала?! Баланы бергиле деп атам, мага?.. (Чыйырдынын колунан наристени жулуп алды. 
Чыйырды буркурап ыйлап ийди. Жасоол башы кабагын катуу бүркөп, баланы көпкө чейин тиктеди да, анан көтөргөн бойдон шарт эшикке чыга жөнөдү. Жасоолдор кошо жөнөштү, артынан. Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт кошо чыгышты.
Жасоол башы сыртка чыкканда эшиктин алдында бир тестиер бала чикит ойноп жүргөн).
Жасоол башы. (Чикит ойногон балага) Ай, бала, бас бери.
(Бала жасоол башынын жанына келди).
Жасоол башы. (Колундагы наристени көрсөтүп) Аты ким мунун?
(Өргөөдөн чыга келишкен, жасоолдор, Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт баланын оозун тиктеп күтүп калышты, эмне деп иер экен дешип).
Бала. Атыбы?..
Жасоол башы. Ооба.
Бала. (Күлүп ийди) Мунун аты Чоңжинди да.
Жасоол башы. (Аргасы түгөнө түштү) Чоңжиндиби?
Бала. (Ого бетер күлүп) И-и, Чоңжинди.
(Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт эс ала түшүшкөнсүдү. Жасоол башы ишенээр-ишенбесин билбей, бирде чикит чапкан баланы, бирде нарситени алмак-салмак карап турду да, анан шарт эткизе ымыркайды Чыйырдыга бере салып, жасоолдорун ээрчитип, айыл аралап жөнөп кетти. Чыйырды менен Бакдөөлөт буркурап ыйлап ийишти. Жакыптын көзүнөн жаш чыгып кетти).

Жыйырма үчүнчү сахна

Эсенкандын жасоолдору жол жүрүп келатышты.
Жасоол башы. (Жанындагы жасоолго, маанайы чөгүңкү) Каяктан табабыз эми Манасын? Биз барбаган эл, биз баспаган жер калган жок. Кантип табабыз эми, буруттун баласын?!. Сегиз жыл болду, жер кыдырып жүргөнүбүз. Киши кейпинен кетип, калды жалаң, сүлдөрүбүз.
Жасоол. А Манасты таппай калсак кантет?
Жасоол башы. Анда эле балээге каласың!.. Эсенкан бизди чекебизден сылабайт. Манасты таап келмейинче, тындырбай туш-тушка кубалайт. Болбосо, терибизди тескери сыйрыйт, баарыбызды тирүүлөй кууруйт!.. 
Жасоол. (Турасы түгөнө) Анан эмне кылабыз?
Жасоол башы. Же Манасты табабыз, же Эсенкандын каарына калабыз!..
(Ошол учурда тигилерди беттеп жалгыз жолоочу келаткан. Эсенкандын жасоолдору жолоочуга жете беришип токтошту).
Жасоол башы. Жолоочум, жол болсун?
Жолоочу. Өзүңөрдөй сапар тарткан кишимин. Өзүңөр кайда барасыңар? Кайсы элди чаап, кайсы элди басып аласыңар?
Жасоол башы. Жоготкон жогубуз бар, Манас деген.
Жолоочу. Манас?..
Жасоол башы. И-и…
Жолоочу. Манас эле болсо, Самаркандан табасыңар. Самаркан бегинин Жар Манас деген уулу ал.
Жасоол башы. Самаркан бегининби?
Жолоочу. Ооба. Жаңы жети-сегизге чыккан бала.
Жасоол башы. (Жандана түштү) Эй, жолоочум, уккан жок белең, чала?
Жолоочу. Э, кокуй, өзүм Самаркандык болсом, кантип чала угайын, балага ат койгондо бешик тоюна тойсом.
Жасоол башы. (Эми чындап кубанды. жасоолдорго) Жарымыбыз кеттик Самарканга!.. Жарымыңар Чет-Бээжинге кайткыла. Манасты тапканыбызды улуу урматтуу Эсенканга айткыла. Самаркандын бегинин баласы экен, оңой менен бере койбос, көп кол алып кайра артка кайткыла!..
(Жасоолдор куюндаган бойдон жөнөп беришти, эки тарапка).
Жолоочу. (Тигилерди узата карап) Мени калпка чыгаргылары бар, булардын!..

Жыйырма төртүнчү сахна

Самаркан. Самаркан бегинин үйүндө жашы жети-сегиздерге карап калган болук-толук бала, эч нерседен бейкапар, көзүнө көрүнгөн тамактардын баарын жеп отурган, энесинин маңдайында. Энесинин ичи элжирей баласын тиктеп олтурду.
Жарманастын апасы. Тойдуңбу, уулум, Жарманас?!.
Жарманас. (Апасына) Алманын ширесин ичем.
Жарманастын апасы. (Колун чаап койду эле сырттан кызматчы кирди) Алманын ширесин алып кел. (Кызматчы кайра чыгып кетти. Эшик кайра ачылып, сырттан Эсенкандын жасоолдору жулунуп кирип келишти. Самаркан бегинин аялы эч нерсеге түшүнбөй, ордунан ыргып туруп, баласын калкалай калды. Бала да коркуп энесине корголоду).
Жасоол башы. (Баланы сынай карап). Уулуңдун аты Манаспы?
Жарманастын апасы. И-и, Жарманас...
Жасоол башы. И-и!.. Манас экен да, демек?!. Акыры сени тапкан экенбиз да, Манас?! (Жасоолдорго) Кармагыла!.. Колу-бутун чырмап туруп, байлагыла!..
Жарманастын апасы. (Чыркырап ортого түшө калды) Тийбегиле!.. Тийбегиле, балама!.. (Жасоолдор Жарманастын энеси чырылдап-чыркырганына карабай баланы байлап-матап ийишти).
Жасоол башы. Алып жөнөгүлө!..
Жарманастын апасы. (Жанталаша) Таштагыла!.. Таштагыла, баламды!..
(Баланын энеси чыңырган боюнча баласына умтулду. Жасоолдордун бири аны жыга түрттү. Калгандары Жарманасты колдон-буттан алышып сыртка чыгып кетишти).
 Жарманастын апасы. Уулум!.. Ууулум!.. (Чыңырган бойдон тигилердин бутуна илээшип, жыгылып-туруп кошо чыкты).

Жыйырма бешинчи сахна

Самаркан. Жарманасты алып келаткан жасоолдор шаарды аралап өтүшүп, ортосундагы аянтка жетип калышты. Алардын алдынан толгон жигиттери менен Самаркан беги тосуп турган. 
Самаркан беги. (Жасоол башына) Эй, кытай!.. Токто!.. Калтыр, баламды!.. 
Жасоол башы. (Жүрөксүнүп) Бул менин ыктыярым эмес… Хандардын ханы, Эсенкандын амири!
Самаркан беги. Хандардын ханы Эсенкандын амирине кулдугубуз бар. Бирок, баламдын жазыгы кайсы?!. Биздин жазыгыбыз, кайсы?!.. 
Жасоол башы. Балаңдын аты Манас тура!.. 
Самаркан беги. Манас болсо эмне экен?!.
Жасоол башы. Аны хандардын ханы Эсенкандын өзүнөн сура!.. Балаң биз менен Каңгайга барат. Жаны тирүү калат!.. Хандардын ханы Эсенкан уулуңду капасына эле салат!.. Анан, тамагын берип жакшылап багат!..
Самаркан беги. (Ачуусу келип) Айтканыма көнбөдүң!.. Өз убалың өзүңө, эки кара көзүңө!.. Эми, баламды тартып алам!.. Өзүңдү баш кылып, бир ууч жигитиңди кырып салам!.. (Жигиттерине) Жигиттер!..
(Эки тарап бири-бири менен кырчылдашкан согушка эми кирип кетээрде, добулбастын какканы кулак тундурду. Күзөтчү энтигип кирип келди).
Күзөтчү. (Демин баса албай) Бегим!.. Бегим!.. Эсенкандын жер жайнаган колу селдей каптап, Самарканга кирип келатат!.. 
(Муну укканда Самаркандын беги шалдая түштү).
Жасоол башы. (Мыскылдай) И-и, шылкының суудубу?!. Кырасыңбы эми, бизди?!. Жоесуңбу, эми бизди?!. 
(Эми эле шердене шымаланып турган Самаркан бегинин жигиттери баштарын калкалап, чөк түшүп олтуруп калышты).
Жарманастын апасы. (Жанталашып) Бегим!.. Бегим!.. Уулумду алып кал!.. Уулумду алып кал, менин!..  
(Капсынан Самаркан беги найзасын колуна алды да, жалгыз өзү Жарманасты алып бараткан жасоолду качырып жөнөдү). 
Жарманас. (Атасын көрө коюп, жанталаша кыйкырып) Ата!.. Ата!.. Ата!..
Самаркан беги. (Чуркап баратып) Уулум!.. Уулум!… Уулум!.. (Уулуна эми жете берээрде, артынан кимдир бирөө жебе тартты. Жебе зыркырап келип Самаркан бегинин далы ортосуна кадалды. Самаркан беги чалкасынан кулап түштү. Оозунан кан кетип, жанталаша колун сунуп, уулуна умтулду).
Самаркан беги. (Канын жутуп) У-у-уу-ул-ум!.. (Колун созгон боюнча башы жерге шылк этти. 
Атасынын өлгөнүн көргөндө Жарманас өксүп ыйлап ийди.
Жасоолдор Жарманасты алып жөнөштү. 
Самаркан бегинин жигиттери соксоюп-соксоюп калаанын аянтында кала беришти).
Жарманастын апасы. (Боздоп ийди) Уулум!.. Уулум!.. (Жигиттер башын салып отурган аянттан өтүп, көзүнүн жашын он талаа кылып, уулунун артынан баратты).

Жыйырма алтынчы сахна

Каңгайга кеткен жол. Эсенкандын жасоолдору Жарманасты талдан токулган капаска салып, алып кетип баратышты. Кийими да тамтыгы кетип салаа-салаа болуп бөлүнгөн, чачы тал-талынан жасылган Жарманастын акыл-эси бар адам сапатынан кеткен апасы, ай-талаада каракытайлардын колунун артынан сенделип ээрчип баратты, кошо.
Жарманастын апасы. Бегим!.. Бегим!.. Мына, мен уул төрөдүм!.. Жалганда көргөн жалгызымды төрөдүм!.. (Пауза) Аты?.. Аты Жарманас болсунбу?.. Жакшы ат экен!.. Жарманас!.. (Пауза) Жарманас балам, күлүп койчу… И-и, ошентип күлүп койчу… Колдору сонун экен, быйтыйып!.. (Пауза) Жарманас, балам, каз туруп койчу. Тай-тай-тай… Тигине, тигине… атаң. Барчы, атаңа. Атасы, карачы, балаң басып атат!.. Өзү басып атат!.. (Пауза) Жарманс, чуркабачы, балам!.. Жыгыласың!.. Бир жериңди оорутуп аласың!.. (Пауза) Уулум!.. Жарманас!.. Күнгө чыкпачы, ысык өтөт!.. Талмоорсуп каласың!.. Апаңдын тилин алчы, балам!.. (Пауза) Жарманас!.. Кайда барасың, балам?!, Мени таштаба, балам!.. Сен мени таштасаң— мен өлүп калам!.. Жарманас!.. Балам!.. 
(Жарманасты алып бараткандарды ээрчип кете берди).

Жыйырма жетинчи сахна

Чет-Бээжин. Эсенкандын ордосу. Эсенкан адатынча тагында отурган. Ошол убакта сырттан вазир кирип келди, үч бүгүлүп.
Вазир. Таксыр, алып келишти, сиз айткан баласын!..
Эсенкан. Ушунча жыл тентип жүрүп, тааптырбы эми, буруттун Манасын?!
Вазир. Таптык, деп капаска салып, күтүп атышат, амириңизди, сиздин. 
Эсенкан. (Ордунан тура калды) Токтоосуз алдыма, кирсин!..
Сынчыларды, тыңчыларды бүт чакыр!.. Алар да алдыма келишсин!.. Манасты алып келгениңерди көрүшсүн! Манас экени анык экенин айтып беришсин.
Вазир. Азыр эле жарлыгыңызды угушат!.. Ансыз да, Манас келди деп, бүт баары эшиктин алдында эле турушат!.. (Ишаарат кылып койду эле, эшик башы ордонун каалгасын шарт ачып ийди. Ошону элле күтүп тургансып, капаска салынган Жарманасты жайсаңдар кабат-кабат курчашып, жайнаган жан-жөөкөрлөрдүн, сынчы-билермандарынын коштоосунда Эсенкандын алдына кирип келишти. 
Эсенкан капаста бүрүшүп отурган Жарманасты сынай карап турду, далайга).
Эсенкан. (Тегерегиндегилерге карады) Сынчыларым, айткылачы, биз күткөн Манас ушубу?
(Сынчылар Жарманастын тиягына бир, биягына бир чыгышып карап атышты).
Башкы төлгөчү. Таксырым, Манас экени анык!..
Сынчылар. (Коштоп ийишти) Накта Манас өзү экен!.. Как эле кара көзү экен!..
Эсенкан. (Мөөрөйү үстөм боло түштү, жайсаңдарына) Буруттун бул баласын, зынданга алып баргыла!.. Чыкпас кылып түбөлүк, терең орго салгыла!.. Кароолду мыкты койгула!.. Качырбай муну кайтарып, дайым жанында болгула!.. 
(Жайсаңдар Жарманастын капасын көтөрүп, эшикке бет алышты. Эсенкан жан-жөкөрлөрү, сынчылары, тыңчылары менен кошо маашырлана узата карап турушту. 
Аңгыча, Эсенкандын эрке аялы кыз-келиндердин курчоосунда, сырттан кирип келди. Эсенкан эрке аялын көргөндө ишаарат кылып койду эле, жан-жөкөрлөрү ордодон чыгып кетишти. Эрке аялы колунун учу менен белги бергенде кыз-келиндер да жыла-жыла басышып, ордону ээн калтырышты). 
Аялы. (Эсенканга) Ханым, көңүлүң ачык?.. Жакшы кабар болгон го?
Эсенкан. (Көңүлү шат) Эркем, жасоолдор акыры кармап келди, Манасты!.. Буруттун жаман күчүгүн зынданга салып камашты.
Аялы. (Сүйүнүп кетти) Ырас болгон турбайбы!.. Башыңа бак конуптур, Манасы жок буруттар, баш көтөргүс болуптур! Эми, кыңк этип көрсүн, кыргыздар!
Эсенкан. Бүттү, эми, кыргыздын иши!.. Жиндери кагылды, жинкиндери соолуду!.. Үмүттөрү үзүлдү!.. Алатоодон кол жууду!.. 

Жыйырма сегизинчи сахна*

Зындан. Жайсаңдар Жарманасты алып келишти да, зынданга олтургузушту. Зындандын оор эшиктери шарт-шарт жабылды. Жарманас көзүн жалдыратып, зындандын ичинде калды.

Жыйырма тогузунчу сахна

Алтай. Бай Жакыптын кырк канат өргөөсү. Жашы бешке келсе да он эки жаштагы баладай көрүнгөн, көздөрүнүн сүрү бир башка Манас көчүгү менен жылып, тулупка салынган чүкөлөрүн алып, шырдактын үстүнө жайды. Бай Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт үчөө да жайылган чүкөнүн чет жагына отурушуп, упай ойноп киришти.
Жакып. (Ичи элжиреп) Ай балам, мобул чүкөнү мен кайра алам. Туура эмес атып алыпмын, айыбымды мойнума алам.
Манас. (Ачуусу келип) Чыр экенсиз, атаке!.. Туура эмес ойноп атасыз!.. Кончко чүкө катасыз!..
Жакып. Катса катып коюпмун, ага эмне капасың? Качан эле баласы сындачу эле атасын?..
Манас. Чырдабай анда ойноңуз!..
Жакып. (Ичи элжирей күлүп) Өзүң чырдап атасың. Өзүң чүкө катасың. Анан кайра атаңа ушинтип шылтап атасың.
Манас. (Ачуусу ого бетер келе түштү) Каткан жокмун чүкөнү!.. Мына, шырдакта эле турбайбы!.. (Бир чүкөнү ала коюп быркырата кармады. Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт эстери оогончо карап калышты.)
Жакып. (Башын чайкап) Э, балам, чүкөнү быркырата кармаганың эмнең?!. Бул кейпиң менен сен балам, опсуз баатыр болосуң! Он экиге толосуң!… Ошондо, минтип жүрсөң, сен балам, бөөдөдөн-бөөдө далайды мерт кылып гана коесуң!.. Бирок, бешке жашың келгенче бечел бойдон жүрөсүң. Басканды качан билесиң?.. Эмгиче баспай сен балам, кейиттиң го атаңды. Жакшы эле бергем батамды!
(Ошондо бир сыр болду. Манас ачууланып ордунан турду да, каз тура калып, бутун там-туң шилтеп жиберди. Анан күүлөнгөн бойдон сыртка чыгып кетти, токтобой. Жакып менен Чыйырды да көргөн көздөрүнө ишене албай турушту).
Бакдөөлөт. (Бакырып ийди) Басты!.. Басты!.. Балабыз басты!..
(Жакып ордунан тура калып, эшикти көздөй умтулду.
Жакыптын өргөөсүнүн сырты. Сыртка чыккан Манастын артынан ата-энеси кошо чыгышып, таң кала карап турушту, басып жүргөн уулун). 
Жакып. (Чечекейи чеч болуп, ак чүпүрөккө оролгон ташты алып чыкты да, Манаска) Ме, уулум, мына муну жытта.
Манас. Бул эмне, ата?
Жакып. Таш. Ата-журтуңдун, ташы!.. Ме!..
Манас. (Ташты жыттады) Жыты башкача экен…
Жакып. (Өзү да ташты жыттады) Ата-журтумдун ыйык ташы!.. Ата-журтумдун жыты!.. (Аңгыча ат окуранып ийди) Аймаңбоз окуранып атат. Балам, азыр аргымагыңды токуп берем. Анан, Туучунагыма өзүм минем. Алтайды кыдырып келесиң, мени менен!.. (Шашып-бушуп бүлүнүп, ташты кайра ак чүпүрөккө орой салып, Чыйырдынын колуна карматты да, токулга алып жүгүрүп калды). 

Отузунчу сахна-эпилог оордуна

Алтай. Тулпарлардын дүбүртү жер жаңыртып узап баратты. Чыйырды менен Бакдөөлөт узата карап турушту.
Чыйырды. Бакдөөлөт, тигине, кара!.. Алтайды кыдырып кетип баратышат, ата-бала!.. 
Бакдөөлөт. Эжеке, уулубуз эмитен эле алп баштанат!.. Бул бала он экиге чыкканда, Алатоого аттанат!.. 
Чыйырды. (Көзүнө кубанычтын жашы тегеренип, ак чүпүрөккө оролгон ташты жаагына басып) Айтканың келсин!.. Кудай тилегиңди берсин!.. Уулубуз Алатоосун көрсүн!.. Атадан калган жерин кыргызына алып берсин!.. 
(Чыйырды менен Бакдөөлөт ата-баланы узата карап, аябай кубанып турушту).


Аягы

5.11.2006 — 12.01.2007


* Акустикалык, визуалдык, же болбосо пластикалык, мульти-медиалык каражаттар менен сахналаштырылышы мүмкүн.


© Жаныш Кулмамбетов, 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4489