Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Искусство, театр / Публицистика
© Кулмамбетов Ж.О., 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 18-ноябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

“Кайгылуу Какей” менен “Отеллонун” ортосундагы чындык

Бул макала "Замадаш" журналынын 2011-жылдагы №5-санына жарыяланган. Аталган макалада 20-кылымдын 20-, 30-жылдарындагы кыргыздын үгүт театры жана анын маңызы жөнүндө кеңири кеп болот. / Статья была опубликована в 5-ом номере журнала «Замандаш» за 2012 год. В статье проанализирована сущность агитационного театра Кыргызстана в 20-30-е годы 20-го века.

 

Тарых – жомок эмес
Жомок – тарых эмес

Жакында Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаев кыргыз элинин тарыхын жазуу боюнча жарлык чыгарды. Бул эчак эле бышып жетилген маселе болчу, анткени коом, система өзгөрдү, жыйырма жылдын ичинде кыргыз мамлекети демократиялык өлкө куруунун жолуна түштү, бүткүл адамзаттык асылдыктардын принциптери менен жашоого умтула баштады. Анан, ушундай шартта, мектептерде жана окуу жайларында баягы эле совет мезгилиндеги идеологиянын заказы, үстөмдүгү менен жазылган, чылгый коммунисттик көз карашка сугарылган, эзүүчүлөр менен эзилген таптын айланасынадагы вульгардык философиянын концепциясына таянган, бир тараптуу, бир беткей жазылган тарыхтын окутулуп жатышы – акылга да, логикага да, демократиялык жана гуманисттик принциптерге да сыйбай турган көрүнүш. 

Жарлыктын максаты позитивдүү, бирок аны аткара тургандар кимдер – маселе ушунда. Эгер тарыхты жазуу шыбагасы баягы эле совет доорунда калыптанган, Ленин менен Кеңеш өкмөтүнүнүн кыргызга тийгизген “өлчөөсүз салымынан” нары кете албаган шаблондуу ой жүгүрткөн илимпоздор менен тарыхчылардын же алардын колунан таалим алган шакириттеринин, болбосо ааламды “кыргыздаштырууга” умтулган “жарма” патриоттордун колуна тийсе, жарлык толук дискредитацияга учурайт. Анда тарыхты жазып убара болуунун кажети жок. Демек, маселени чечүү үчүн, адегенде тарыхчыларды жаңы пиринциптерге ылайыкталган тесттен өткөрүү зарылчылыгы бар. Ошондо гана кыргыз тарыхынын объективдүү жазылышына кепилдик болушу мүмкүн.

Ар ким өз көмөчүнө күл тарткан сыңары, менин жүрөгүмдү өйүгөн – кыргыздын европалык типтеги театрынын тарыхы. Анткени, ушул кезге чейин европалык үлгүдөгү кыргыз театрынын тарыхы толук жазылган жок. Анын үстүнө, Н. Львов тарабынан 1950-жылга чейин жазылган бөлүгү дагы, ошол эле коммунисттик партиянын идеологиялык критерийлеринен баалангандыктан – эч качан объективдүү боло албайт. Ал эми, ооз жүзүндө айтылып же болбосо айрым бир макалаларда, мемуарларда, монографияларда орун алып жүргөн фактылар кайрадан карап чыгууга 100% муктаж. Эмне дегенде, ал фактылардын көбү чындыкка коошпой турган мифтерден куралган.

Албетте, бул алакандын отундай макалада мен кыргыз театр тарыхынын бүтүндөй маселелерин камтыйын деген ойдон алысмын. Ал мүмкүн да эмес. Андыктан, кыргыз театрынын тарыхын оъективдүү чагылдырууга байланышкан айрым бир мүнөздүү маселелерге гана чолуп-чолуп токтоло кетейин.

Адегенде, Кыргызстанга европалык типтеги театрдын келгенинин себептерине токтоло өтөйүн. Не дегенде, 1926-жылы музыкалуу-драмалык студиянын уюшулушун советтик, коммунисттик жетекчилер башынан эле мифтештирип ташташкан, артта калган кыргыз элинин дүйнөлүк маданияттын агымына кошулууга багыт алышы катары көрсөтүшүп. Андан соң, ушул саясий идеологиялык конъюнктурага чылк сугарылган аныктаманы совет доорунда биздин сахна журтчулугубуз, тарыхчыларыбыз саймедирешип айтып келишсе, жада калса көз карандылыкка жетишкен ушул мезгилге чейин ошол тарпы кеткен эски ойду тоту куштай кайталоо менен чектелип келе жатабыз.

Иш жүзүнө келгенде, чындык башка.

Музыкалуу-драмалык студиянын уюшулушу, кыргыз элин дүйнөлүк маданиятка кошуу кадамы эмес, эң биринчи кезекте саясий максатты көздөгөн – 99% кат-сабаты жоюлбаган, гезит окуй албаган, кечээки көчмөн элдин арасында совет бийлигин чыңдоо, коммунисттик идеологияны жайылтуу үчүн үгүт-насыят иштерин жүргүзүүнүн жападан жалгыз формасы театр болгон. Ошондуктан, Кыргызстандагы алгачкы музыкалуу-драмалык студиянын пайда болушун, Октябрь төңкөрүшүнөн кийин “Театральный Октябрь” деген идеологиялык концепциянын негизинде пайда болгон “агиттеатрдын” өсүп-өнүгүү процессинин контекстинде караш керек.

Экинчи жагынан, кыргыз эли орус империясы “дикокаменная орда” деп кемисинте, мазактай мүнөздөгөгөн 18-19-кылымдын учурунда эле, өзүнүн бай маданияты бар, “Манас” сыяктуу алп эпосту, ондогон чакан дастандарды жараткан, төкмөлүк, куудулдук сыяктуу өнөрлөрү өргө чаап турган, кылымдардан бери калыптанган каада-салты, ырым-жырымы, адеп-ыйманы, жашоо ыкмасы бар калк болгон. Орус империясынын ошол кемсинтме постулатын негиз катары бетке кармаган большевиктердин мезгилинде деле кыргыз “Манасынан” жана башка өнөрлөрүнөн ажыраган эмес, улуттук маданияты ошол калыбында эле өнүгө берген. Ал түгүл, мына бүгүнкү кыргыз элине жана азыркы дүйнөлүк маданиятка “Манасты” мураска калтырган улуу манасчылар Сагымбай, Саякбайлардын доору эле, ал убак. Демек, “маданияттан артта калуучулук” деген аныктама, жөн гана саясий-идеологиялык максатты ишке ашыруу үчүн шылтоо экени, орустар айткандай “дураку ясно” болчу.

Музыкалуу-драмалык студия бир жылдан соң Маркс менен Лениндин философиясынын квинтессенциясы болгон таптык коом – эзүүчү жана эзилүүчү тап жөнүндөгү аныктамасына ылайык – “эзүүчү тапты ашкерелеген, анын эсебин колуна берген, эл ичинен чыккан герой” – “Кожонасреддинди” дароо сахналаштыра салып, кыргыз айылдарын түрө кыдырып, карапайым калктын идеологиялык аң-сезимин калыптандыруучу агитациялык оюн көрсөтө баштаган.

“Кожонасреддинди” улай эле, музыкалуу-драмалык студия башка чыгармаларды эмес, “Эски турмуш”, “Жаңы турмуш”, “Эскиден калган энчилер”, “Кайгылуу Какей” деген накта агитациялык пьесаларды биринен сала бирин сахналаштырып, Ала-Тоо жергесин жөө-жалаңдап, ат арабачан кыдырып, элет элинин идеологиялык сабаттуулугун арттыруу иш-аракеттерин улантат. Аттарынан эле көрүнүп тургандай бир жактуу, тенденциялуу, жеке басар бир гана партиянын үстөмдүгүнө, бир тараптуу тар концепциясына баш ийдирилген жогорудагы драмалардын максаты, тарых чындыгын чагылдыруу эмес, биринчи кезекте, Кыргызстанда совет бийлигин чыңдоого кызмат өтөө, кыргыздардын “мээсин түзөө” болгон.

Ушулардын катарында эле турган, бирок кыргыз совет адабиятчыларынын, коммунисттик кызыл тарыхчылардын амири менен “Кыргыздын тунгуч профессионал драмасы” атыгып, даңкталып жүргөн М.Токобаевдин “Кайгылуу Какей” пьесасы да, иш жүзүндө, кыргыздын жашоо-турмушун реалдуу чагылдарган чыгарма эмес, совет бийлигинин түптөлүшүнө түздөн-түз кызмат өтөгөн, кыргыздын биринчи агитациялык, идеологиялык пьесасы болуп саналат.

Кат-сабаты жоюла элек кыргыз элинин аң-сезимине эзүүчү менен эзилүүчү тап деген түшүнүктү терең сиңирүүгө, идеологиялык сабаттуулугун арттырууга багытталган бул пьесанын конфликти, калкыбыздын жашоо образынан, каада-салтынан алда канча алыс тургандыктан, карандай маркстик-лениндик философиянын концепциясынын негизинде курулган. Кыргыздын аялзаты кудалашуу жолу менен турмушка чыкканы чындык. (Баса, бул жол, совет доору, андан кийин азыркы эгемендүүлүк заманында күчөп аткан, кыздарды койчо көтөрүп ала качкан, адамкерчиликке да, мыйзамга да, адам укугуна да сыйбаган жапайы көрүнүштөн бир кыйла цивилдүү эмеспи). Бирок, кыргыз аялзаты элибиздин көчмөндүгүнө жараша, жоокерчилик заманды башынан көп кечиргендигине байланыштуу, паранжы жамынтып, социалдык теңсиздиктин баардык запкысын тарттырган элдердин ургаачыларына караганда, алда канча эркин экенин, жүзү ачык, шайдоот гана жүргөнүн мындай коелу, жубайы менен тең жарышып, колуна курал алып, душман менен салгылашкан учурларын, керек болсо байыркы амазонкалар сыяктуу жалаң кыздардан жоокер топтоп (Жаңыл Мырза сыяктуу), нечен кандуу кармашка катышкандарын да тарыхтан эң сонун билебиз. Бекеринен, кыргыздын оозеки-көркөм чыгармачылыгында Каныкей, Кыз Сайкал, Айганыш, Жаңыл Мырза, Бурулча, Акыл Карачач, Гүлгаакылардын образдары жаралган эмес. Ушул улуу ургаачылардын сабындагы, Орто Азия элинен чыккан кеменгер эл бийлеген аял – Курманжандын турпатын дегеле эч бир идеологиялык алкакка баш ийдире албайбыз.

Дээрлик жетимиш жыл боюу “кыргыздын улуттук профессионал драматургиясынын туну” аталып, социалисттик реализм методунун элеттик драматургиядагы жогорку үлгүсү катары бааланып келген “Кайгылуу Какей”, мына ушундай салттуу, тарыхый чындыкка таптакыр коошпогон, бир жактуу, тенденциялуу чыгарма экенин, кыргыз эли эгемендүүлүккө жеткенден кийин гана минтип ачык айтып жатабыз.

“Кайгылуу Какейдин” жолун түздөн-түз улаган, анын идеологиялык шаблонун толук кайталаган драма К.Жантөшевдин “Карачачы”.

Студия уюшулгандан кийин эки жыл өтпөй Гоголдун “Текшерүүчүсүн” коюшат, кыргыз артисттери. Бул факты да кыргыз-совет театрынын тарыхында, ал түгүл ушул азыркы учурда да, ал студиянын классиканы өздөштүрүүгө күчү жетип калганынын күбөсү – демек жетишкендиги катары бааланып жүрөт. Иш жүзүндө, бул дагы тарых чындыгына туура келе бербейт. Болуптур, студиянын артисттери академизмдин багытына түшүп, дүйнөлүк классикалык мурастарга тиши өтүп калган экен дейли, анда эмне үчүн Гоголду эмес, Пушкинди же Гольдонини, болбосо Эсхил, Софокл, Еврипид, Шекспирди койбойт? Анткени, Гоголдун “Текшерүүчүсү” коммунисттик философиянын негиздөөчөрүнүн концепциясына бап келген, демек большевиктердин таптык көз карашынан алганда “эзүүчүлөр табынын чириген коомун, бузулган моралын” ашкере кылган чыгарма болгон.

Мына, музыкалуу-драмалык студияны уюштуруудагы большевиктердин, совет бийлигинин нукура максаты.

Алгачкы этаптан соң, кыргыздын музыкалуу-драмалык студиясы, большевиктер партиясынын көсөмдөрүнүн оозунан эмне чыкса ошону илгиртпей аткарууга даяр экенин билгизип, адегенде артелдештирүүгө, андан соң жапырт колективдештирүүгө кызмат өтөөгө белсенип киришет. Анын натыйжасында, студиянын репертуарында “Колхоз душмандары”, “Бейит арасында” ж.б.у.с. бир тараптуу чыгармалар пайда болгон.

20-кылымдын отузунчу жылдарынын башындагы кыргыздын улуттук алгачкы музыкалуу драмасы “Ажал ордуна” да (либреттонун автору Ж.Турусбеков) тарыхта дүң болуп, чоң сыймык менен айтылып, жазылып келе жатат, жетимиш-сексен жылдан бери карай. Адатта, айрыкча совет доорунда бул музыкалуу драма кыргыздын биринчи улуттук-боштондук кыймылын таасын жана оъективдүү чагылдырган чыгарма катары аныкталып келген. Октябрь төңкөрүшүнүн көп сандаган юбилейлик мааракесине карата “Ажал ордуна” Кыргызстандын драмалык дагы, опералык дагы театрларынын сахнасында байма-бай коюлуп турган. ”Кайгылуу Какей” сыңары эле “Ажал ордуна” дагы кыргыз совет драмтургиясынын идеологиялык жактан программалуу чыгармаларынын катарына кирген. А чын-чынына келгенде, Ленин жолун ташка тамга баскан жол деп даңазалаган автордон тарыхый чындыкка коошо турган либреттону күтүү мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан, “Ажал ордуна” музыкалуу драмасы тарыхый чындыкты коммунисттик вульгардык философиянын позициясынан фальсификациялаган, совет бийлигинин заказын аткаруудан улам жаралгандыгы, мыйзамченемдүү көрүнүш.

Чыгармадагы тарыхый чындык бурмаланган эң эле орчундуу учурларды көрсөтө кетейин.

Биринчиден, драманын конфликтти “Кайгылуу Какейдикиндегидей” эле жасалма. Ал толук бойдон мурдакы таптык чыгармалар сыңары маркстик-лениндик философиянын концепциясына так баш ийдирилип, ошондуктан эки таптын – эзүүчүлөр менен эзилүүчүлөр, башкача айтканда бай-кедейдин ортосундагы шаблондуу карама-каршылыкка негизделген. Ал шаблонго – коммунисттик идеологиянын, совет бийлигинин постулатына ылайык, “Ажал ордундагы” кыргыз элининин улуттук-боштондук кыймылынын жетекчиси, албетте, кедей жигит Искендер, ал эми ички душмандары болсо, баякы эле байлар. Көрүнүп тургандай, “Ажал ордуна” музыкалуу драмасы нукура иделологиялык искусствонун улуттук үлгүсү болуп эсептелет.

Экинчиден, бүткүл кыргыз элинин башына болуп көрбөгөндөй мүшкүл алып келип, жалпы улуттук катастрофага айланган Улуу Үркүндүн чыгышы “Ажал ордунда” сүрөттөлөгөндөй бир жактуу, ашкере тенденциялуу эмес. Бул улуттук трагедиянын чыгышынын объективдүү жана субъективдүү себептери, жалпы элдик кыймылдын козуткуч күчтөрү, көтөрүлүштүн башында кимдер турганы тууралуу тарых чындыгы таптакыр башка экенин, бүгүн биз эң сонун билебиз.

Демек, “Ажал ордунанын” чындыгы объективдүү тарыхый чындыкка таптакыр тишеси жок – бир партиянын идеологиясынын алкагында ишке ашкан, псевдочындык экенин бүгүн моюунга алууга туура келет.

Дүйнөнүн өнүгүшү эки гана түстө – ак менен каранын карама-каршылыгына байланышкан деген “илимий” түшүнүккө негизделип, ага ылайык коомдук татааал процесстерди жөнөкөй гана эзүүчү тап жана эзилүүчү таптын антогонизмине байлап коюудан алыс кетпеген большевиктик, коммунисттик иделогия үчүн, “Ажал ордунанын” көптөгөн жылдар боюу театр искусствосунун, адабияттын эталону катары саналып келгени комментарийсиз эле түшүнүктүү.

“Ажал ордунадагыдай” ашынган, максималдуу бир беткейлик совет доорунун 30-жылдарындагы адабият менен театр искусствосуна, сүрөт менен музыкага толук мүнөздүү көрүнүштөрдөн.

Ошол эле совет доорунда, “Ажал ордунанын” катарына коюлуп, ооздон түшпөгөн “Алтын кыз” музыкалуу драмасы да, эң башкысы, дал ушул агитациялык, идеологиялык максатты көздөгөн. Социалисттик реализм методунун шаблону менен ишке ашкан.

Он төрт жашында, улуу Бакен Кыдыкеева жаш жеткинчектер театрынын сахнасында ойноп чыккан баатыр кыз Лауренсиянын ролу да, биринчи кезекте агитациялык-идеологиялык искусство экенин моюнга алышбыз керек. Бир айылдын элин эзип, күн көрсөтпөгөн ырайымсыз Командорго каршы куралдуу көтөрүлүштү баштап, акыры өлтүрүп тынган тайманбас кыздын образы эмне менен үндөш экенин, карапайым элди эмнеге үндөп атканын түшүнүү кыйынбы?

Отузунчу жылдардын орто ченинде күч алган, Кыргызстандын ар бир аймагында колхоз-совхоз театрларынын түзүлүшү да, советтик театрдын тарыхында айтылып, жазылып жүргөндөй, улуттук маданиятты элге кеңири жайылтуу жана көтөрүү эмес, биринчи кезекте, көрүүчүлөрдүн аң-сезимин совет бийлиги талап эткен керектүү багытка буруу үчүн агитациялык, идеологиялык максат менен ачылган.

Агитациялык театрдын кудурети басаңдаган мезгил – экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына, жер шарынын жарымында социалисттик системанын үстөмдүгүнүн орношуна туура келет. Ошондон тартып, советтик, анын ичинде кыргыздын европалык үлгүдөгү театрында да агитациялык, идеологиялык театрга карата альтернативдик багыт пайда болот. Ал багыт биринчи кезекте, англистердин улуу драматургу В.Шекспирдин драматургиясына байланышкан. Дүйнөлүк драматургиянын алпынын “Отеллосу” менен кыргыз сахнасында адамдын ички дүйнөсүнө үңүлүп кирүү этабы башталат. Тагыраак айтканда, ушул спектакль менен кыргыз театрында агитациялык, ал гана түгүл идеологиялык искусствонун канондоруна дээрлик баш ийбеген, көркөм иликтөө объекти катары таптык коом эмес, эки таптын ортосундагы таптык күрөш эмес, биринчи кезекте адамдын өзү жана анын табияты фокуска алынган жаңы багыт өнүгө баштайт.

В.Шекспирдин доору башталганга чейинки кыргыз театрынын дээрлик отуз жылдык таржымалын – “агитациялык театрдын мезгили” деп мүнөздөсөк, чындыкка дал келет. Ал эми, кыргыздын европалык типтеги алгачкы музыкалуу-драмалык студиясы маданий максатты эмес, биринчи ирээтте дал ошол агитацияны жүргүзүү максаты менен түзүлгөн.

Чындыкты түз айта турган болсок – дегеле советтик кыргыз театрынын тарыхы – биринчи ирээтте, агитациялык, идеологиялык искусствонун таржымалы болуп саналат.

 

© Кулмамбетов Ж.О., 2013

 


Количество просмотров: 4847