Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Искусство, театр / Публицистика
© Жаныш Кулмамбетов, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 25-декабры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

“Үч каракчы” менен “Жамийланын” ортосундагы муундук контраст

Бул макала, Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын "Үч каракчы" спектакли менен Чүй облустук Ш.Термечиков атындагы театрдын "Жамийла" оюнуна жазылган сын пикир.

 

Устаттан шакиритке...

Тилекке каршы, акыркы убактарда кыргыздын улуттук театрларынын кызыктуу, жогорку профессионалдуу оюндарына өтө аз күбө боло турган болуп калдык. Мунун себептери бир кыйла. Ошонун ичинен эң башкысы — өз бетинче ой жүгүрткөн, ар кайсы жактан көрүп келген таасиринин негизинде сахналык плагиаттын оңой жолуна түшпөгөн, суррогатсыз, оригиналдуу, көркөмдүк маңызы терең режиссуранын жетишсиздиги. Албетте, бул кемтик жалпы театр искусствосунун өтө олуттуу маселеси. Анткени, биздин кенже режиссура кыргыз театрына олуттуу сүрөткерлик деңгээлди тартуулай албай жатканы өкүндүрөт.

Жакында эле Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрдын сахнасында чыгармачылык эксперимент катары коюлган “Үч каракчы” спектаклинен дагы бир ушундай жармач режиссураны көрүп алып, зээним кейигенин айта кетейин. Биринчиден, жаш талапкер режиссердун мизансцена түзүүнү, окуяны өөрчүтүүнү, кейипкерлердин ички дүйнөсүндө өтүп жаткан татаал процесстерди, чыңалууларды психологиялык жактан ынанымдуу сүрөттөөнү али талап этилген деңгээлде өздөштүрө электиги, артисттерди керектүү нукка багыттай албагандыгы дароо баамга түшөт. Экинчиден, режиссердун пьесада козголгон маселени жеткиликтүү түшүнбөгөнү да өкүндүрөт.

Бир сөз менен айтканда, Кыргыз улуттук драма театрынын таланттуу артисттеринин өздөрүнүн аракети, изденүүсү болбогондо “Үч каракчы” спектакли чыгармачылык жактан биротоло арабөк калып, театрдын койгон максаты дээрлик ишке ашпай калышы ажеп эмес эле.

Жаш режиссуранын көркөм ой жүгүртүү жагынан өтө эле жармачтыгы, өзүнүн жеке чыгармачылык жүзү жок кайталамалыгы, ал түгүл туурамчылдыгы — түз маанисинде айтканда, мен жогоруда белгилегендей — плагиатка жол бергендиктери жөнүндө пикирлер да ушул тапта театр чөйрөсүндө көп айтылып жүрөт. Мунун да логикалык жактан чындыгы бар. Эмне дегенде, жаш адистер ар кайсы жактан көргөн-билген таланттуу сахналык туундулардын, залкар сүрөткерлердин таасиринде калышып, алар жараткан табылгаларды, эстетикалык принциптерди өздөрү койгон оюндарына түзмө-түз көчүрүп киргизип коюшкан фактылар (плагиатчылык) учурап калат, театр чөйрөсүндө. Сыягы, биздин жаш театр режиссурасы да ушул илдеттен алыс эмес окшойт, жогорудагыдай пикирлердин айтылып жатканына караганда. Дегеле, жаш курак күчтүү инсандардын ой-пикирлеринин, эстетикасынын, калтырган мурасынын таасири алдында калыптанат эмеспи. Маселе, чыгармачыл жаштардын күчтүү инсандардан таасирленүүсүндө, үйрөнүүсүндө эмес, кеп ошол чектелген алкактан алардын биротоло чыга албай, улуулардын мурасын, эстетикалык принциптерин кыйшаюсуз догмага айлантып, биротоло үйрөнчүк абалында калуусунда турат. Бул, калпыс, инфантилдүү жана чыгрмачылык жактан жемишсиз жол. Үйрөнчүктүктүн синдромунан чыкканда гана жетилген сүрөткер пайда болот. Бул-аксиома.

Тескерисинче, ушул тапта негизги чыгармачылык жүктү дагы эле орто муун тартып бара жатканына күбө болуудабыз. Ошонун бир фактысы катары, ушул жылдын 12-декабрында премьерасы өткөн Чүй облусунун Ш.Термечиков атындагы театрынын “Жамийла” спектаклин көрсөтсөк болот. Бул оюн баардык жагынан терең ойлонулуп ишке ашырылган. Жада калса, “Жамийланын”-12-декабрда, залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун туулган күнүндө премьерасы өткөнүнүн да символикалуу жагы бар. Анткени, 12-декабрь Айтматовдун жарык дүйнөгө кирип келген күнү болсо, “Жамийла” анын ааламга жазуучу катары кирген чыгармасы. Бул жагдайлар да бири-бирине төп келишип турат. Албетте, бул деталь спектаклдин көркөмдүк табиятына ашык да, кем да таасир бере албайт. Тек гана оюндуу койгон режиссерлор О.Айдаров менен К.Дүйшөналиевдин ар бир майда-баратына чейин маани берип ишке ашыргандыктарын гана айгинелеп турат. Бул дагы, олуттуу, чыгармачылык жактан жетилген режиссуранын бир айгинеси.

Чүйлүктөрдүн “Жамийласында” режиссерлордун артисттер менен иштөөсү, аларды керектүү нукка багыттай билүүсүнөн кынтык табуу кыйын. Спектакль мындай элементардуу жагдайга дегеле көз каранды эмес. Режиссерлор биринчи кезекте повесттеги ырдай куюлушкан поэтикага үндөш сахналык эквивалет табууну максат кылышкан. Дароо айтып коюшум керек, ал максаттары дээрлик ишке ашкан. Кейипкерлердин сахнадагы жашоосу өтө ынанымдуу, психолоиялык жактан так жана терең иштелген. Артисттердин жаштыгына, али чыгармачыл тажырыйбаларынын аздыгына карабастан сахнада жетилген аткаруучу коллективди көрүүгө болот. Бул дагы, менимче, режиссерлордун артисттер менен жемиштүү иштей билүүсүнүн натыйжасы.

Шайыр, оюнкараак ошол эле учурда назик мүнөздөрүн куюлушунан жаралган Жамийланын сахналык образы жаш актриса Шаршекүл Аманова менен оюнду койгон режиссерлордун чоң чыгармачылык ийгилиги. Ушундай эле чыгармачылык ийгиликти жаш артистттердин ансамблинен — Рыскелди Мойдуновдун ички карама-каршылыкка шыкалган, бирде эргүүгө, бирде өкүнүчкө жык толгон Сейитинен, Майрам Бегаман кызынын ар кыялдуу, кыргыз келиндерине таандык колоритти алып жүргөн Кампачысынан, Нурбек Кыязовдун дөөпөрөс чалыш, ошол эле учурда кыйды Осмонунан, элеттиктердин мүнөзүн сырткы сүрөттөмө аркылу да, ички маңызы боюнча да таамай так чагылдырган Тынчтыкбек Асылбек уулунун Орорзматынан, Эрлан Бекчоро уулунун салмактуу Садыгынан ж.б. көрүүгө болот.

Чүйлүктөрдүн “Жамийласынын” жалпы режиссердук концепциясы өтө кызык чыгармачылык табылга аркылуу ишке ашкан. Ал образдуу табылга спектаклдин борборуна коюлган станокко түздөн-түз байланыштуу (сценографы С.Ниязакунов). Спектаклдин сахналык мейкиндигин белгилеген бул станок, биринчи кезекте, кара фонго айкалышып оюнга керектүү поэтикалык маанайды тартуулап турат. Экинчиден, бул станок образдуу метафоралык көп функцияны аткарат – бирде араба, бирде суунун жээги, бирде кырмандын элеваторунун шатысы, бирде темир жол разъезди, бирде сүрөттүн алкагы ж.б. Ушул көп функциялуу станоктун тегерегинде мизанцена куруу менен, аны дайыма кыймылга келтирүү аркылуу режиссерлор оюунга керектүү поэтикалык атмосфераны таруу кылышып, спектаклдин ички ритмине камертон боло турган жагдайды жаземдебей табышкан. Ушундан улам, оюн өтө назик лирикалык контекстин кучагында турат. Бул жагдай спектаклди повесттин өзөгүн түзгөн поэтикалык атмосфера менен тыгыз үндөштүрөт. Менимче, оюндун көркөм таасири, чыгармачылык ийгилигинин сыры да ушунда болсо керек.

Албетте, спектаклдин режиссердук концепциясында, тагыраак айтканда айрым бир образдардын чечилишинде кээ бир талаш-тартыш жарата турган жагдайлар да бар. Чыгармачылык ансыз мүмкүн эмес. Анын үстүнө, кандай гана сахналык көркөм туунду болбосун, коюучулардын чыгармачылык көз карашы биринчи орунда турууга тийиш. Биз оюндун авторлорунун көз карашын сыйлашыбыз керек. Демек, ал талаштуу жагдайларга мыйзамченемдүү көрүнүш катары мамиле кылуу шарт. Бир чети, ал талаштуу жагдайлар жалпы оюндун маанайында көрүүчүдө олуттуу дискомфорт жарата албайт.

Эр ортону элүүнү жакалаган режиссерлор О.Айдаров менен К.Дүйшөналиев ишке ашырышкан “Жамийла” спектаклинин ийгилиги дагы бир нерсени айгинелейт – кыргыздын улуттук театр режиссурасынын тагдыры дагы эле орто жана улуу муундагы сүрөткерлердин колунда экенин. Анткени, жогоруда белгилегенимдей, тилекке каршы, жаш режиссура чыгармачылык жактан али жетиле элек, жармач. Бирок, чыгармачыл жаштарсыз келечек болбосун, демек жөндөмдүү, өз бетинче жеке көркөм ой жүгүртүүсү бар кенже муунду режиссурага аралаштыруу милдети курч турат, азыр, улуттук театрдын алдында. Ал милдетти ишке ашыра турган... орто жана улуу муун.

 

Жаныш Кулмамбетов, драматург, сынчы, режиссер

 


Количество просмотров: 2034