Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Киносценарийлер
© Жаныш Кулмамбетов, 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2020-жылдын 16-майы

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Осмон менен Ольга

(1916-жыл)

Толук метраждуу көркөм фильмдин адабий сценарийи

 

1915-жыл. Биринчи дүйнөлүк согуштун чыкканына жыл айланып калган. 

***

Жайдын толуп турган маалы. Сары өзөн Чүй. Батыштан чыгышты көздөй созулуп кеткен, арабанын эки дөңгөлөгү гана бата тургандай жол. Күн төбөдө мелмилдеп тийип, мал – жан тиш сала элек, тиреле өскөн түркүн чөптө чегирткелер чыркылдап, көпөлөктөр гүлдөн – гүлгө конушуп, айлана өзгөчө бир бейкуттуктун кучагында. Аңгыча жолдун горизонт менен чектешкен жеринде үрүл – бүрүл бир чекит көрүндү да, улам берилеп жылып келатты.

Чекит жакындаган сайын чоңоюп олтуруп, үчкө бөлүнүп кетти. Ошондо гана жылып келаткан ал чекит эки атчан коштогон чүмбөттөлүү араба экени көзгө түштү. 

Курал – жарактары шайма – шай, муруттары түктөйгөн, жол азабынан чаалыгышып кабактары түйүлүңкү атчан эки казак орустун коштоосунда, чүмбөттөлүү арабанын ичинде бир орус үй – бүлөө жол жүрүп келаткан. Арабанын төрүндө жашы кырктардан өтүп калган орус – мугалим Иван Никифоров түйүнчөктү жазданып уктап атты. Анын тизесине башын коюп алып, өзүнөн беш – алты жаш кичүү аялы Клавдия үргүлөөдө. Алардын он беш – он алты жаш курактагы келишкен сулуу кызы Оля менен балакатка жаңы эле жеткен он экидеги Антон арабанын алды жагына олтуруп алышып, укмуштай кооз табиятка суктана карап келатышты.

Арабакеч (кучер) кыргыз жигит Акылбек эле.

-Дядя Акылбек, скоро увидим озеро? – деди Антон бир маалда арабакечке кайрылып.

-Скоро, скоро, -деди орусча тап-так сүйлөгөн арабакеч ыңгыранып. Акылбектин бети-башы шамалга туурулуп, чыйрактыгына карабай жол азабын тартканы кадимкидей көрүнүп турган.

-Антон, — деди Оля нааразы боло башын чайкап, -киргизча суйлө да.

-А-а… извини, забыл, — деди Антон күнөөлүдөй. 

-Нет, я тебе говорю, давай киргизча суйлө. Если не можешь, то бери словарь отца, -Оля, колун сунуп, арабанын түбүнө төшөлгөн самандын үстүндө жаткан калың дептерди алды да, Антонго сунду. –На, выбирай нужные слова.

-А ты почему “киргизча суйлёбёйсун?” – деди Антон Олянын кыжырын келтирмекке аны туурап.

-Мен киргизча билет. А ты  не знаешь, — Оля инисинин туураганына бир аз териге түштү.

-Ой, впрямь… — деди ансайын Антон эжесинин жинине ого бетер тийип, -одно предложение не можешь связать, а говоришь “билет, билет”. Слово “билет” я тоже билет.

-Не хочешь, себе плохо будет, мне-то что, — Оля таарына башын тескери буруп олтуруп алды. Антон эжесин көзүнүн кыйыгы менен карады да, тигинин жинине дагы тийиш үчүн атайы кыңылдап, орусча ырдай баштады.

-Хочешь дразнить меня? – деди Оля ачуусу келип.

-С чего ты взяла? – Антон тигинин кыжырына тийгенине маашырланып, кыңылдап ырдаганын улантты.

-Что ты бубнишь?! – Оля ого бетер кызалаңдай түштү.

-Не нравится – не слушай, — Антон ырдаганын токтоткон жок.

Экөөнүн чукчуңдашканына күлкүсү келген  арабакеч Акылбек:

-Эй, ребята, не ругайтесь. И так научитесь говорить по – киргизски. Друзья у вас будут одни киргизы.

-Поэтому я говорю, — деди Оля кызуулана, ачуусу тарабай, -надо заранее знать местный язык, местные обычаи, чтобы не выглядеть потом дундуком.

-Я что – ли “дундук?!” – деди Антон ызаланып, -что ты обзываешь, меня?!

-Я говорю правду, — деди Оля инисин жаман көзү менен карап.

-Злючка! – деп Антон бурк этти.

-А ты дундук! – деди Оля тигини эликтеп.

-Злючка!.. Злючка!.. Злючка – а!.. – деди Антон, колун оозуна такап алып, атайы кыйкырып.

Оля арданып кеттиби, айтор Антондун жанында жаткан калың дептерди колуна ала коюп, тигини төбөдөн ары бир салды:

-На тебе!.. На тебе!..

-А – ай, голова!.. – деди Антон ыйлаактап, төбөсүн эки колу менен кучактап.

-Мало еще!.. – Оля дагы тап берди, дептер менен. Антон жалтаңдай башын катып, арабанын кырына ыктап кыйкыра баштады:

-Ай, бьет!.. Ай, бьет!.. 

-Что вы не поделили? – арабанын түпкүрүнөн уйкулуу  көзү менен Иван керилип – чоюлуп, оозун ачып эстеп туруп келди да,  экөөнө алмак – салмак суроолуу карады.

-Она бьет меня, — Антон ыйлаактап, даттана кетти.

-Пусть сам не дразнит, — деди Оля тултуңдап.

-Оля, ты же уже невеста, дорогая, — Иван мыйыгынан күлүп, кызын чачынан сылап койду.

-Я ему говорю “говори по — киргизски”, а он… — Оля атасынын сөзүнөн уялганынан кызарып кетти.

-Сначала сама научись, как следует, — деди Антон мурчуңдап, -а потом предъявляй претензии другим.

-Надо знать язык, — Иван үнүн олуттуу чыгарып, кызына болушуп койду.

-Я тоже самое говорю, — деди Оля атасынын болушканына мөөрөйү үстөм боло.

Антон бул жолу каяша айта албай, күнөөлүүдөй башын жерге сала, жүзүн буруп кетти.

-Ну, ладно, ребята, хватит обижаться друг на друга. Действительно, надо знать киргизский язык. При чем знать надо хорошо. Мы сюда едем не для путешествия, а работать и жить среди киргизов. Видимо, останемся надолго. О – очень долго, — Иван же эки баласына насаат айтып атканы, же өзү менен өзү сүйлөшүп атканы белгисиз, чакыя тийген күндүн жарыгынан көзүн жүлжүйтүп, бет маңдайын тиктеп, алакандарын бириктирип, ээгине тиреп алып ойлуу сүйлөп атты.

Ивандын сөзүнө кулак төшөгөн Акылбек башын ийкегилеп, тигини кубаттап баратты. 

***

Азоо ат  азынап, алдыңкы эки бутун асмандата көтөрүп, кыл арканды үзүп кетчүдөн бетер окторулду. Чытырай керилген кыл аркандын бир учу карагер атчан, жашы 20 – 22 лерге келип калган улан – Осмондун колунда эле. Ат канчалык туйласа да, кыл арканды жапмага баскан Жигит дегеле кое берээр түрү жок болчу. Улам азынай калып, асман айдан кеткен азоо бирде кош аяктап арткы бутуна тура калып, бирде кежеңдеп артын көздөй кетенчиктеп, уланды буй кылып атты. Ансайын Осмондун колу кыл арканга карышып, чирене тартып турду. 

Айласы кеткен азоо көк шиберге туягын матыра, атчан чабандести тегерене чуркап кирди.

Бул окуя Ысыккөлдүн жээгинде, учу – кыйыры тээ алыска созулуп жаткан талаада, чак түштө өтүп жаткан. Нарыраакта топ жылкы улан менен азоонун эрөөлүн чочулай карашып, айрымдары окуранып коюп, жайылып жүргөн.

***

Карагер атчан улан менен азоонун айгышканы түш оой барып басылды. Чаткаягына чейин чыпылдап тердеп, сууга салган чычкандай болгон жээрде бышты, акыры өпкөсүн кагып, титиреп туруп берди. Ошондо гана Осмон кыл арканды улам түрө, карагерди теминип, азоо быштыны көздөй акырын жакындап келатты. 

–Та – ак… та – ак… — деп, үнүн мээримдүү чыгарып, азоону жоошута сүйлөп, арканды чытырата кармап, улам түрө кыскартып олтуруп, жээрде быштыга эки – үч кулач калганда Осмон акырын карагеринен түштү. Арканды колунан чыгарбай, белине салып, азоого “та –аак… та – аак… жаныбарлап” жакындады. Терине илме – чалма болгон жээрде титреген калыбында жигитти карап, эси ооп турду.

Осмон азоого кол созум жерге келгенде, сол колу менен арканды чытырата тартып, оң колун алга созуп, быштынын жалына аярлап тийгизди. Бышты адегенде селт эте түшсө да, былк этүүгө дарманы жок эле. Жигиттин эркине аргасыз көнүп туруп берди.

Жигит жээрде быштыны жалынан сылагылап жоошутуп, анан колун азоонун көкүлүнө алып өттү. Көкүлүн, андан соң маңдайын сылагылап, жээрдени биротоло жоошуткан соң, белинде байланып турган кайыш ноктону чечти да, быштынын башына ката салды. Эми чылбырды колуна алып, жээрденин моюунун кыйып кое жаздаган кыл арканды бошотуп, аттын башынан шыпырып алды. Андан соң быштынын тумшугуна өзүнүн жаагын тийгизип:

-Мына, ушинтип эле көнөсүң, — деп мээримдүү жылмайды жигит. 

Анан жээрденин чылбырын колунан чыгарбай, кыл арканын ороп туруп, карагердин канжыгасына байлады да, атына ыргып минип, үзөңгүсүн теминди.

***

Бир аздан соң жоошуган жээрдени жетелеп, карагерин шайбырлаткан Осмон жылкысын астына салып алып, үйүн көздөй кетип баратты. 

***

Күн түш болгон. Жандуунун буту тие элек кызыл – тасыл коктуга келгенде атчан казак орустун бирөө – Порфирий атынын ооздугун тартты. 

-Привал на час, — деди Порфирий артында келаткан араба тарапка кылчайып. Анан тигилердин жообун күтпөй эле дароо атынан түшүп, басмайылын бир аз бошотуп, отко кое берди, чидер салып. Экинчи казак орус – Емельян да тигини туурап, атын отко койду. 

Араба токтоор замат эле Оля шиберге секирип түшүп, гүлдүү талааны аралап чечекейи чеч боло суктана чуркап кетти. Кызга удаа эле жерге секирип түшкөн Антон эжесинин артынан кошо чуркады. Акылбек тигилердин соңунан жылмая карап, оордунан түшкүсү келбей олтурду, чарчагандан талыкшып. 

Порфирий белин бошото турган түр кылып, эжеси менен иниси кеткен тарапты көздөй басты да, коктуга кирип көрүнбөй калды.

Көк шиберге дасторкон жайып аткан Клавдия тиги кетип бараткан казак орустун артынан кооптуу тиктеди да:

-Ваня, пожалуйста, достань картошку и сало, я сейчас… — деп, тигилердин артынан коктуну көздөй басты.

Эч нерседен бейкапар Иван сало менен картошканы алып чыгып, дасторконго коюп, бычак менен кылдат кесип кирди. 

***

Ажайып кооз коктунун ичи.

-Антоша, ой как красиво, тут!.. – Олянын кубанычы койнуна батпай, айланасын суктана карап атты. –Я не думала, что может быть такая неописуемая красота!

-Действительно, очень красиво! – деди Антон эжесин кубаттап.

-И мы будем жить в таком красивом краю?!. Не верится!.. – Оля аябай өрөпкүп алган болчу. 

-А там… такое озеро еще будет! – деди кыялдана Антон. Анан өспүрүм эмнегедир эле талааны аралап чуркап кетти. Оля болсо айланасын суктана карап, сулуулукка көзү тойбой олтурду. Айлана ээн эле.

Ошол маалда шырп алдырбай басып Порфирий кыздын жанына жакындап калган. Ал Олядан көзүн албай, сугу артып, шилекейин улам – улам кылк эттире жутуп коюп, курмандыгын көргөн карышкырдай болуп, көздөрү кызарып, жакындап келатты. 

Бир маалда шырт эткен дабыштан Оля селт этип чочуп кетти да, артына кылчайып чукул келип калган казак орусту көрө коюп:

-Что вам надо? – деди, тигиге жүрөксүнө карап.

-А что, нельзя? – деди Порфирий Олядан ого бетер сугу өтүп, делебеси козголуп. Тегеректе экөөнөн башка кыбыр эткен жан жок эле.

-Почему все время пристаете ко мне? – деди Оля бир чети кыжыры келип, бир чети эки жагын элеңдей карап.

-Барышня, понимаете!.. – Порфирийдин үнү калтырап кетти. Ушул турушунда ал  кызды баса калуудан кайра тартпайт эле. Ал калч – калч эте кызды көздөй кадам шилтеди.

Калтаарый түшкөн кыз оордунан атып туруп, тызылдап качып жөнөдү. Казак орустун колу Олянын көйнөгүн чала – чарпыт сермеп өттү да, анан артынан кошо чуркады. Кыз чымын – куюн болуп чуркаган бойдон кырга чыга жөнөдү. Порфирий да жанталашып, кыздан калаар түрү жок. 

Оля жаштык кылып, тез эле кыр ашып кетти. Казак орус энтеңдеп кырга чыга  келгенде аз жерден Клавдия менен сүзүшүп кала жаздады.

-Что с вами? – деди Клавдия, билмексен болуп. –Что, зверь гонится за вами?

Порфирий оозунан алдырган бөрүдөй болуп томсоро түштү да, анан эмне дээрин билбей кайсалактап түштү.

-Да… вы знаете… тут бежала… Мне показалось…— энтиккен казак орус оозуна эмне келсе ошону балдырап ийди да, кызарып – татарып, чекесинен тер чыпылдап кетти, ансыз да өрдү көздөй чуркаганда боргулданып чыккан неменин. 

Ошол учурда Олянын араба тарапты көздөй шыпылдай басып баратканы чалдыкты, ындыны өчкөн Порфирийдин көзүнө.

-Какой – то зврек наверное?.. – деди Клавдия дагы эле сыр билгизбей.

-Наверное… — деди, уурусун карматкан немече казак орус шылкыйып.

-Будьте осторожны… — деди да Клавдия артына бурулуп, арабаны көздөй басып кетти.

Порфирий Клавдия узап кеткенден кийин абадан аялдын жытын искеп, делебеси козголуп, айласы кетип турду.

-Одыхаете? – деп капысынан чыккан Антондун үнүнөн катуу чочуп кетти казак орус. Анан чекесинин терин сүртүп:

-Угу… — дегенге араң жарады.

Эч нерсе оюнда жок Антон андан ары чуркап кетти. Порфирий шылкыны сууп кырда олтурду. 

***

Өрүүн бүтүп, араба кайра жолго чыкты. Чүмбөттөлүү араба чыгышты көздөй кеткен жолго түшүп, карааны жана эле өргүгөн жерден улам алыстай баштады.

***

Осмондордун үйү көлдүн жээгиндеги айылдын четинде эле. Жигит үйүнө жакындаганда боз үйдөн кырктардан өтүп калган атасы Ысмайыл менен  апасы Кенжеке чыга калышты.

-Жоошуттуңбу? – деди, Ысмайыл уулун утурлай басып, ыраазы боло. 

-Жоошубаска чарасы барбы, — Осмон жылмая жээрдени карады. Уулу атынан түшө электе эле Кенжеке күн мурунтан даярдап койгон бир байлам ак кебезди Ысмайылга бере салды. Ысмайыл ак кебезди алып, дагы эле чочулап турган жээрденин көкүлүнө байлады.

-Кудай буюрса, эми, эртең түш оой жээрде быштыңды жетелеп алып, барып колуктуңа сөйкө салып келебиз, — деди Ысмайыл канааттана.

Осмон атынан түшүп, карагер менен жээрдени мамыга байлай баштады.

***

Күн бешимден өтүп, кечтеп калганда жолоочулар Боом капчыгайынын ичине киришти.

Асман мелжиген аскаларды, капчыгайдын таманында бууракандап аласалып агып жаткан дайраны көргөндө, Никифоровдун үй — бүлөөсү бир чети суктанышып, бир чети жүрөксүнүшүп баратышты.

-Говоришь, что это Боомское ущелье? – деди Иван Акылбекке кайрылып.

-Да, Боомское ущелье, — Акылбек шыр жооп берди.

-Киргизча “Боом капчигайы” да, ээ? – деди Иван тегерегин суктана карап.

-Туура, Боом капчыгайы, — Акылбек да арсайган аскаларга суктана карап келаткан.

-Боом капчигайы,  — Оля атасынын сөзүн кайталап, тоонун чокуларына жүрөксүнө карады.

-А когда кончится это капчигай, будет озеро? – Антон чыдамы кете Акылбекке кайрылды.

-Да. Буквально в конце капчигая мы увидим наше озеро, Иссыккуль, — Акылбектин үнүндө кусалык бар эле.

-Ура-а, наконец – то я увижу озеро и буду вдоволь купаться! – Антон арабанын үстүндө тура калып муштумун түйө кубанычтуу кыйырып ийди. Ата – энеси да баласын кубана карап коюшту.

-Но, не сегодня,  — деди Акылбек, Антондун шаабайын суутуп.

-Почему? – деди, ындыны өчө түшкөн Антон.

-Потому что ущелье протяженное, до вечера мы не проедем, — деди арабакеч.

-А что, переночуем в ущелье?! – деди, тоолорду суктана тиктеп келаткан Оля.

-Да, переночуем,  — Акылбек башын ийкеп койду.

-А тут не холодно? – деди Оля Акылбекке.

-Сейчас же лето, — Акылбек күлүп калды.

-Да, лето, но в горах лежит снег,  — Оля тоолордун башында жаткан карларды көрсөттү.

-Я понял тебя, — деди Акылбек күлүмсүрөп, — у нас, в Киргизии, в горах круглый год лежит снег. Но зимой и летом всегда тепло.

-Как?!. Здесь не бывают такие лютые морозы как в Росии?!. – Антон уккан кулагына ишене албай турду.

-Дорогой мой, — деди Иван уулун эркелете, -здесь – юг. А мы живем на севере. Юг всегда теплый, а север холодный.

-Понял,  — Антон башын ийкеп койду да, анан Акылбекке кайрылып,  -если тепло, значит и зимой можно купаться на Иссыккуле?

-Как ты будешь купаться, когда зимой озера замерзает, — деди Оля, карлуу тоолорду тиктеп.

-Незнаю можно ли купаться, но зимой Иссыккуль не замерзает, -деди Акылбек башын чайкап.

-Да вы что?! – деди Оля Акылбектин сөзүнө ишенбей. –В таких снежных горах зимой не замерзает озеро?

-Нет не замерзает. Даже при любой минусовой температуре, — деди Акылбек.

-Такое не может быть! — Оля арабакечтин сөзүнө ишенген жок.

-Поживете, сами убедитесь, — Акылбек мыйыгынан күлүп койду.

-Странно, почему Иссыккуль зимой не замерзает? – Иван өз суроосуна өзү жооп издеп ойлонуп калды.

-Русские путешественники же говорят, что под водой, ну… под озером, очень много теплых источников, — Акылбек Иванга суроолуу тигилди.

-А – а, это значит на Иссыккуле есть долина гейзеров! –  Антон кубанычтуу кыйкырып ийди.

-Ну да… Но эти гейзеры находятся под озером, — деди Акылбек, баланын акылына ыраазы болуп.

-Теперь мне понятно! – Антон ачылыш жасап аткан кишиче кызууланып сүйлөп кирди. –Знаете, это гигантское теплое… нет, даже горячее озеро!

-Правильно, — деди Акылбек Антондун сөзүн кубаттап, -“Иссыккуль” означает “горячее озеро”.

-Что я вам говорил!.. Это гигантское горячее озеро постоянно испаряется и всю Киргизию согревает. Вот почему здесь зимой и летом тепло, — Антондун көздөрү жалжылдап чыкты.

-Ты прав, Антоша, ты прав! – деди Иван уулунун ачылышына ичи элжиреп, далысынан сылап. Клавдия менен Оля да баланын акылына ыраазы эле.

-Да – а… — деди, Оля эмнегедир өзүнчө кыялдана. –Хочется скорее увидеть это чудо – озеро.

-Завтра увидите, — Акылбек жылмайып койду.

Никифоровдордун жүзүндө купуя толкундануу бар болчу.

Күн тоонун башына жашынып калган маалда, араба капчыгайды өрдөп, жылаандай ийрилген жол менен кетип баратты.

***

Түн. Боом капчыгайынын ичи. Арабадан окчунураак жерде отту дуулдата жагып коюшуп жолоочулар тамактанып олтурушту. Обочодо казак орустардын жайдакталган аттары менен арабадан бошотулган эки ат оттоп жүрүштү. Баарынын буттарында чидер.

-Интересно, здесь бывают волки? – деди атасына ыктай олтурган Антон, коюу караңгылыкты жүрөксүнө карап.

-Еще бы, — деди Порфирий Акылбекке көз кысып, Антонду коркутуш үчүн. –Тут ходят одни голодные волки. Они очень опасны.

-Да – а, папа?!. – Антон элеңдеп атасына ого бетер ыктап калды.

-Незнаю, Антоша, — деди Иван күлүмсүрөп, -какие хищиние звери бывают в этих незнакомых нам краях.

-О – о, — деди Порфирий, Антонду коркутканын улантып, -здесь очень много волков… людоедов!

Антон ансайын Порфирийдин сөзүн чын көрүп, арсайган түнкү тоолорго уурдана карап, жүрөгү болкулдап турду. От жээгинде олтургандар Антон корккон сайын ичтеринен күлүп атышты. Бир гана Оля Порфирийдин сөзүн жактырган жок.

-Да, не надо так шутить! – деди Оля, кыжыры келип. -Потом он плохо будет спать. Он же еще ребенок.

-Кто шутит? – деди казак орус шагы сына түшсө да билгизбей, тамашалоого аракеттенип. –Акылбек, скажи, что я неправду говорю?

Акылбек оозун ачкыча эле Оля ого бетер кызалаңдап кетти:

-Какие могут быть голодные волки, в таких теплых краях?! При чем тут волки – людоеды?! Потом он всю жизнь будет думать, что здесь обитают одни хищиники да звери! – Оля Порфирийди кага сүйлөп, жаман көзү менен карады. –Образованные люди такие глупости не говорят.

Кыздын акыркы сөзү Порфирийге өтө катуу тийди.

-Да, барышня, мы не образованные, -деди Порфирий кызарып – татарып. –Были бы образованными, не сопровождали бы вас в такую даль. А сидели бы в теплых кабинетах и решали бы важные государственные дела.

Тигинин сөзүн андан ары уккусу келбей Оля оордунан туруп кетти.

-Антон, пошли спать, — деп инисин чакырды да, арабаны көздөй басты, кыз. Антон жүрөксүнө оордунан туруп, эжесин кыйыла ээрчип жөнөдү.

-Действительно, пора спать, нам всем, — деди Иван ыңгайсыз абалды бузуп. Анан жатууга кам көрө баштады.

Калгандары да жатууга кам урушту.

***

Түнкү Боомдун ичинде жылдыздар жымың – жымың этишет.

Башкалар уйкуга кетишсе дагы Иван менен Клавдия жууркандын ичинде жылдыздуу асманды тиктеп кобурашып жатышты.

-Почему Оля так разошлась, не понимаю, — деди Иван ойлуу.

-Она мстит,  — деди Клавдия мыйыгынан.

-Кому мстит? – Иван түшүнгөн жок.

-Ты ничего не заметил все эти дни? – Клавдия күйөөсүнө суроолуу тигилди.

-А что я должен был заметить? – Иван дагы эле түшүнгөн жок, аялынын сөзүнө.

-Этот старый хрыч, Порфирий, все время слюни глотает… — Клавдия сөзүнүн аягына чыкпай токтоп калды.

-Ну и что глотает? – деди Иван дагы эле түшүнбөй.

-Что ты такой бестолковый,  — деди Клавдия күйөөсүнө жароокерлене. –Он пристает к твоей дочери.

-Вот она что – о… — Иван ээрдин тиштеп ойлонуп калды. –Столько ехали и не заметил ничего.

-Ты же не такой как он. Ты интеллигент. Поэтому никогда в твою голову  не приходит такое. Ты же судишь людей по с ебе, — Клавдия күйөөсүнө суктана карап койду.

-Ты права,  — деди Иван.

-А я думаю, скорее бы нам доехать до Каракола, чтобы этот усатый казак оставил меня в покое Олю, — деди Клавдия.

-Мало осталось, — деди Иван кандайдыр бир толкундануу менен.

-Как они нас примут? Как ты думаешь? – Клавдия Ивандын оюндагысын тапкандан бетер күйөөсүнө тигилди.

-Думаю, не плохо. Видишь, какой хороший человек этот Акылбек. Если все киргизы такие, то нам очень уютно будет среди них, — деди Иван ойлуу калыбында.

-Дай бог, дай бог… — деди Клавдия, үмүт менен. 

-Только, местный язык надо хорошо знать,  — Иван Клавдияга  мыйыгынан карап койду.

-Билем, билем,  — деди Клавдия күлүп.

Бир аздан соң жылдыздуу асмандын алдында экөө мемиреп уйкуга кетишти.

***

Күн аркан бою көтөрүлүп калган кезде жолоочулар Ысыккөлгө кирип келишти. Ысыккөл мелмилдеп жаткан. Эки казак орус бир далай алды жакта таскактатып кетип баратышкан.

Антон көлдү көргөндө эле кубанганынан кыйкырып жиберди:

-Я вижу озеро!.. Вот, оно!.. 

Никифоровдордун үй – бүлөөсү арабанын үстүндө жардана көлдү карашып, суктанып турушту.

-Смотрите!.. Снежные горы, а тут озеро! – деди Оля жаш баладай элейип.

-Что я вам говорил, — деди арабакеч Акылбек, көл тарапты кудуңдай карап.

-Будем сейчас купаться? – Антон чыдамы кетип Акылбекке кайрылды.

-Будем, конечно! – Акылбек аттарды жолдон бурду да, шапалак басып, көлдү көздөй зуулдатып жөнөдү.

Араба жолдон чыгып көлдү көздөй бурулуп кеткенде гана алдыга узап кетишкен эки казак орус аттарынын ооздугун тартышты.

-Куда они? – деди Емельян ээк өкөчөп, тигилерди көрсөтө.

-Наверное хотят купаться,  — деди Порфирий.

-Поехали за ними, — Порфирий Емельяндын жообун күтпөй эле атынын башын буруп, теминди да, арабанын артынан чапты. Емельян жактырбаган түр менен Порфирий тарапка карап алып, атына камчы чаап, тигинин артынан жөнөдү.

***

Араба көлдүн жээгине окчун келгенде Акылбек аттардын ооздугун тартты. Никифоровдордун үй – бүлөөсү арабадан тапырап түшө калышып, көлдү көздөй чуркашты. Көлдүн жээгине жетишип, нес болгон немече жарданып туруп калышты.

-Изумительно!.. Изумительно!.. – деди, Оля башын чайкап, оозуна башка сөз кирбей. 

-Я пойду купаться!.. – Антон шапа – шупа үстүнкү кийимин чечип ыргытып, көлгө кирди да, кичине кечип барып дароо эле чабак уруп жөнөдү.

-Вода прекрасная!.. Айда купаться!.. – Антон токтой калып, жээкти карап энтиге кыйкырды.

-Я сейчас! – Оля арабаны көздөй чуркады, кийимин которуштурганы.

Акылбек да үстүнкү кийимин чечип, көлгө кирип сүзүп жөнөдү.

Клавдия тигилерге суктана карап, бутун чечти да, ысык кум менен басып барып, сууга бармагынын башын малып, жээкте турду көлгө көз чаптырып.

-Что стоишь? Пошли купаться, — деди сууга түшүүгө даярданып алган Иван Клавдияны ийининен кыса.

-Я же не умею плавать, — деди Клавдия күнөөлүү немече.

-Пошли, я тебя научу, — деди Иван Клавдияны колунан тартып.

-Хорошо, тогда я пойду переоденусь. А ты пока иди, — Клавдия ары обочодо турган арабаны көздөй кадам шилтеди. 

***

Оля кийимин которуштуруп атканда эки казак орус таскактаткан бойдон арабага жете келишти.

Кыздын апапакай жылаңач денесин көргөндө Порфирийдин делебеси бир заматта кайрадан козголуп, атынан ыргып түштү да, чала – була байлай салып, арабаны көздөй шашыла басты.

Порфирий жанына келип калганда гана көрдү Оля. Кыз кийимин которуштуруп бүтүп калган. Казак орус аял – буялга келбей эле, жутуп жиберчүдөй калчылдап, кызды шарт имере кармады да, деми буулуп, көзү кутурган иттикиндей кыпкызыл болуп кетти.

Чочуп кеткен кыз дароо эле казак орустун моюнунан катуу тиштеп ийди. Мындайды күтпөгөн казак орус Оляны кое берип, шүүшүндөп кан чыга түшкөн ооруган жерин колу менен басып, кубарып туруп калды. Кыз ошондон пайдаланып, тызылдаган бойдон көлдү көздөй чуркады.

-Что с вами? – деп капысынан чыккан Клавдиянын үнүнөн чочуп кетти, купкуу болуп делдейип турган Порфирий. 

-Зверек укусил да? — деди керкакшык менен сөзүн улап, Клавдия.

Казак орус тигинин суроосун жоопсуз калтырып, шарт бурулуп, нараакта турган атын көздөй басып кетти. Клавдия тигинин артынан жек көрө карап турду да, анан чүмбөттүн ичине кирди, кийимин которуштурганы.

***

-Змея! – деди Порфирий атынан түшүп тушап аткан Емельяндын жанына жете берип. 

-Ну, молодая же она, -деди Емельян, Порфирийдин моюунун карап, мыйыгынан күлүп. –Зря стараешься. На нас она смотреть даже не будет.

-Погоди! Приедем в Каракол, а там… я ее изнасилую!.. – деди Порфирий ызырынып.

-Воля твоя,  — Емельян тиги менен талашып – тартышкысы келбей, атын тушап бүтүп, оордунан турду да, көлдү көздөй басып кетти.

-Сука!.. – деди Порфирий дагы эле ызырынганы жасылбай. Анан кабагын бүркөгөн бойдон Емельяндын соңунан түштү.

***

Порфирий чүмбөттөлүү арабанын жанына жеткенде, капысынан көзү булайып сыртка чыгып калган Олянын ич көйнөгүнө түшө калды. Арабада эч ким жок болчу. Казак орус эки жагын каранып, эч ким жок экенине көзү жеткен соң ич көйнөктү шарт колуна алды да, жыттап – жыттап ийип, башы айлана түштү. Көзү электенип барып оңолду. Анан ич көйнөктү койнуна салмакчы болуп, формасынын топчусун чечип ийди да, бир паска ойлоно түшүп, кайра бат – баттан бүчүлөнүп жиберди. Ич көйнөктү дагы бир ирээт кумарлана жыттап алды. Дагы башы айланып кетти. Бир азга аярлай турду да, анан көйнөктү кайра арабага ыргытып ийип, көлдү көздөй басып жөнөдү.

***

Эки казак орус ээрчише көлдүн жээгине келгенде, Никифоровдордун үй – бүлөөсү менен арабакеч Акылбек көлгө түшүп атышкан.

-Порфирий,  -деди Емельян, -будешь купаться?

-Нет, -деди тиги, көңүлү жок. Анан кумдун үстүнө жүйүртө басты да, Олядан көзүн албай, суктана тиктеп, жарадар мойнун бир колу менен басып олтурду.

***

Түш оой жолоочулар Ысыккөлдү бойлой жолго чыгышты.

***

Эртеси бешим ченде эки кыргыз жигит каражолдун тумшугунда дүрбү салып олтурушту. 

–Тигине!.. Көрдүм!.. Келатышат!.. – дүрбү салып аткан жигит колундагысын экинчисине бере койду. –Кара!.. 

–Ошолор экен!.. – дүрбүдөн жоон топ атчанды көргөн берки жигит толкундана түштү. Ысмайыл, Кенжеке менен Осмондорду тааныбаса да боолголоп турду ал, үртүк жаап жетелеп келаткан жээрде быштыдан улам. 

-Анда, эмне карап турабыз?! Чаптык!.. – деди биринчи жигит. 

Экөө тумшуктан ылдый чуркап түшүшүп, өтөктө оттоп жүргөн аттарына шапа – шупа миништи да, артты көздөй чапкан бойдон жөнөштү.

***

Көлгө өтө чукул кыркаар тигилген он чакты боз үй Осмондун колуктусу Жамбынын атасы Сайдиндин айылы болчу. 

Сайдиндин боз үйү тигилерден айырмаланып шаңкайып турган. Андан улам бир кыз – келин сыртка чыга калышып, жол карашып, кулак түрүшүп, кайра кирип кетип атышты.

Боз үйдүн ичинде болсо Жамбыны кыз – келиндер тегеректешип, жасантып атышты.

Жамбы мөлтүрөгөн супсулуу, 15 – 16 жаштагы кыз болчу. 

Кызды курбулары Сонунбала, Ишенгүлдөр тегеректеп алышкан. 

Сонунбала Жамбыга башын ийип:

-Мурда көрдүң беле, аны? – деди шыбырап.

-Жок, — Жамбынын жүзү тамылжый түштү.

-Бүт өрөөнгө атагы чыккан кыйын жигит деп атышат ко, ээ? – Сонунбала суктана дагы шыбырады. 

-Ошондой го… — Жамбынын бети ого бетер албырып кетти.

-Түшүңө кирчү беле? – деди Сонунбала дагы эле шыбырап.

-Жок, — деп Жамбы ого бетер кызарып.

-Кечинде күйөө бала менен алты бакан селкинчек тебишет экенбиз да, кудай буюрса, — деп шыңкылдай күлүп калды, чачтарын өрүм-өрүм кылап жасанып алган Ишенгүл, кыздарды кыдырата карап. 

-И-и, тебишебиз, — деди Сонунбала да күлүп. –Анан абайласаңар, күйөө балага теңелем деп арка— моюнуңар астыңарда калбасын. Ал деген азоону көз ачып – жумгуча үйрөтүп коет экен.

-Андай “азоо” жигитти биз да жоошутуп койбой жаныбыз жокпу, — деди Ишенгүл, Жамбыга көз кысып. Жамбынын жүзү ого бетер албырды. Кыз – келиндер болсо шыңкылдашып күлүп калышты.

Аңгыча  сегиз – тогуз жашар баланын тызылдап чуркап келатканын көрө койду, Сонунбала, боз үйдүн түрүлүп турган эшигинен. 

-Мобул баланын чуркаганы соо эмес!.. – Сонунбала толкунданганынан аптыга сүйлөп ийди. Жамбы баш болуп, кыз – келиндердин баары жарданып эдиреңдеп келаткан баланы жапырт карап калышты.

Бала да күттүргөн жок. Буту үзүлгөнчө чымын – куюн болуп, түз эле Жамбылардын боз үйүнө кирип келди.

-Келатышат!.. Келатышат!.. – деди, босогону аттай элек жатып эле таноосун барбаңдата энтиккен бала. 

Муну укканда Жамбынын жанындагы кыз – келиндер кыйсыпыр түшүп калышты, кызды унутуп коюшуп, ар ким өзүн жасап – түзөп. А бала болсо кабарды айтып коюп эле, кенедей да байыр албай үйдөн дароо сыртка атып чыгып, андан ары чуркаган бойдон кетти: “Келатышат!.. Келатышат!..” деп кыйкырган бойдон.

***

Ошол тапта Ысмайыл баш болгон жети – сегиз киши Жамбы кыздын айылына чукулдап калышкан эле.

***

Тигилер айылдын четине кирип келишкенде Жамбынын ата – энеси – Сайдин менен Умсунай баш болгон жоон топ киши тосо чыгышты. Жаштар Ысмайылдардын атын алууга жүгүрштү.

Болочок эки куда кучакташып көрүшүтү.

***

Күн батаарга чукулдап калган убакта Сайдиндин боз үйүнө  баары чогулушту. Кыз менен уландын ата – энеси, жек  — жааттары, тели – теңтуштары, анан кыз – күйөө – Осмон менен Жамбы. 

-Эми, куда, — деди Ысмайыл алыстан сөз баштап,  — салт ушул экен, шарт ушул экен, тигинтип камбаратабызга кебез байлап алдыңарга алып келдик, — мамыда байланып турган үртүктөлөгөн жээрде быштыга башын нускады. –Кудай кошуп, куда болгон турабыз. Айып көрбөсөңөр, уулумдун апасы Жамбыбызга сөйкөсүн салып койсун. 

Ысмайылдын сөзүнө баары ыраазы боло кубаттап ийишти.

Кенжеке баятан уучуна катып олтурган күмүш сөйкөнү чайпалта кармап, оордунан туруп, ансыз да башын жерден көтөрө албай кысынып, жүзү албырып олтурган Жамбынын маңдайына барды. Кызга сөйкөсүн кийгизип, чекесинен өптү. Колуктусуна катарлаш олтурган Осмондун көзүнө Жамбынын ичке манжалары урунду. Кыздын манжалары билинээр – билинбес титиреп турганын байкады, улан. Муну көрүп, жигит мыйыгынан жылмайып койду.

***

Ошол түнү көлдүн жээгинде Осмон өзү, аны коштой келген теңтуштары Арык, Сыдык болушуп, Жамбы курбу кыздары менен алты бакан селкинчек тээп атышты, айдын жарыгында, көлдүн жээгинде. 

Осмон Жамбынын жанында эле. Кыз ийменип уланды карай албай атты. Мындай сезим жигитте да бар болчу.

Сыдык комузда кол ойното чертип, өнөрүн көрсөтүп, селкинчек тепкендердин көңүлүн ачып олтурду. Кыз – жигиттер каткырып күлүп калышат, анда – санда. 

Аңгыча айыл тараптан чуу чыкты.

-Тоскула!.. Ат ала качып келатат!.. Кармагыла!.. – деген эркек — аялдардын чуру – чуусу угулду, алты бакан селкинчек тээп аткандарга. Кыз – жигиттер селкинчегин токтотушуп, жапырт кулак түрө калышты. Заматта дүпө – дүп, түрсө – түрс болуп, калдайган караан кирип келди, селкинчек тепкендерди сүзө качырып. 

Осмондун көзүнө чүмбөттөлүү арабаны сүйрөп, өлөөр – тирилээрине карабай, түз эле анын алты баканын көздөй ала качып келаткан эки ат көрүндү. Жигит Жамбыны селкинчектен шарт көтөрүп ала коюп, четти көздөй секире, кумга кулады. Бир аз болгондо чүмбөттөлүү араба Жамбы кызды коюп кетмек. Кумдун үстүнө тиги экөө жаңы эле кулаганда чүмбөттөлүү арабанын дөңгөлөгү жандарынан шуу этип өтүп кетти. Корккондон өңү бозоро түшкөн кыз араба өтүп кеткенден кийин астыртан ыраазы боло Осмонго тигилди.  Экөөнүн каректери бири – бирине чагыла түштү. Уялып кеткен кыз ордунан турууга умтулду. Жигит аны жөлөп тургузду. 

Ошол маалда көлдүн жээгине жете берип, эки ат чукул бурулду. Эмнегедир араба аттардын артынан кошо бурулбай өзүнчө аңкилдек атып барып, көлгө түшүп кетти. Көлдүн жээк жагы анча терең болбосо керек, араба сууга сүрдүгө түшүп, дөңгөлөктөрү жабылганча сууга матып барып токтоп калганын көрдү Осмон. А эки ат болсо көлдү жээктеп арыш керип, узап баратышты. Аңгыча чукул жерден дагы дүбүрт чыга калып, эки атчан арабанын соңунан чаап кирип келишип, анан качкан аттарды кууган бойдон кетишти. Тигилер баягы эки казак орус болчу.

Ушул окуялар болуп атканда Осмон Жамбыны бооруна тарта кучактап, кыз да коркуп уланга жабышып турду.

Араба жээкке кирип келгенде туш – тушка бытырап качып беришкен алты бакан селкинчек тээп аткан жаштар, баары тынчыгандан кийин кайрадан ар кайсы жактан чогула башташты. Жигиттер түз эле сууга баткан арабны көздөй чуркашты. Ошондо гана Жамбы:

-Барыңыз, сиз дагы,  — деди Осмонго. Жигит башын ийкей салып, аттап – буттап көлдү көздөй чуркады. Осмон жэкке чукул кирип келгенде кыз – жигиттер арабаны карап казганакташып туруп калышкан болчу. 

-Киши бар экен, ичинде!.. Киши бар экен!.. – деп чурулдап атышкан, алар. Осмон аял – буялга келбей эле арабаны беттеп көлгө кирип кетти. Суу дароо эле бел кырчоосуна чейин чыга түштү жигиттин. Осмон ага карабай арабаны көздөй умтулду. 

Жигит арабага жетип, артын көздөй айлана бергенде анын жанына аялзаты менен бир киши арабадан секирип түшүштү да, чүмбөттү дароо эле жээкти көздөй түртө башташты. Алар Оля менен Акылбек эле.

-Эмне болду? – деди Осмон тигилерге кошулуп, арабаны түртүшүп атып.

-Билбейм. Өрүүн кылалы деп жаңы эле токтогонбуз. Бул кыздын ата – энеси менен иниси жерге түшүп атышкан. Аңгыча эле бир нерсе калдырт – кулдурт дей түштү. Көрсө чака экен. Аттардын аягына кирип кетиптир. Ошондон эле аттар үрккөн бойдон ала качып жөнөшпөдүбү, — Акылбек ыйынып – ычкынып арабаны түртүп да, сүйлөп да атты. –Оля экөөбүз арабадан түшө элек болчубуз. Бизди ала качкан бойдон кетпедиби.

-Кудая шүгүр, дагы аман калганыңарга, — деди Осмон арабаны кошо түртүшүп атып.

-Ошону айтпайсыңбы,  — деди Акылбек.

-Булар кимдер эле? – Осмон кыз тарапты башы менен жаңсады.

-Мугалимдин үй – бүлөөсү. Караколго баратышат, орус – тузем мектебине, — деди энтиге түшкөн Акылбек.

-Тигилерди да чакырайын, жардамдашышсын, — Осмон арабаны айланып, — эмне карап турасыңар, жардамдашкыла! – деп жээкте жарданып тургандарга кыйкырды. Ошондо гана Арык, Сыдык баш болгон эки – үч жигит сууга бой урушту. 

 Көпчүлүккө салып арабаны жээкти көздөй түртүп жөнөштү.

***

Араба жээкке чыккан болчу. Ошол маалда эки казак орус да качкан  аттарды кармап келип калышты. Осмон баш болгон уландар аттарды арабага чегүүгө жардамдашып ийишти. Кыздар болсо  жыгылган алты бакан селкинчектерди кайрадан тургузуп атышты.

-Ырахмат, жигиттер! – деди Акылбек, араба чегилип бүтүп, даяр болгондон кийин, чын ниетинен.

-Рахмат!.. – деди, чарчап, илме – чалма суу болуп, баятан эч сөз сүйлөбөй, арабада калтырап олтурган Оля, Осмон тарапты карап.

-Кыргызча сүйлөйт экен!.. Кыргызча сүйлөйт экен!.. – дешип, чечекейлери чеч болуп күбүрөшө кетишти, кыргыз жаштар. Осмон да таң кала Оля тарапты карап калды. Айдын жарыгы тийип турса дагы кыздын жүзүн обочороок жерден даана көрө алган жок жигит. 

Араба оордунан козголду. Ошол учурда Оля эмнегедир Осмон тарапты жалт карап алды. Шыңга бойлуу жигит да аны карап тургандай туюлду кызга, айдын жарыгында.

Араба эки  казак орустун коштоосунда жээктен узап кетти. Улан – кыздар арабанын карааны үзүлгөнчө узата карап турушту.

***

Эртеси кеч бешим менен Никифоровдордун көчү Каракол уезддик шаарчасына келип кирип, бак – шактуу жол менен түз эле уезд начальнигинин конторасынын короосуна кирип барып токтоду.

-Вот и приехали, — деди арабакеч Акылбек, аттарынын тизгинин тартып атып.

Никифоровдордун үй – бүлөөсү бир Олядан башкасы арабадан жерге түшүшүп, кагынып – кугунуп, үстү – баштарын ирээтке келтирип ийишти.

Тигилерден бир аз мурдараак аттарынан түшүшкөн казак орустар да оңдонуп – түзөнүп, Никифоровдорду күтүп калышты.

-Оля, а ты почему не идешь? – Клавдия арабадан түшпөй олтуруп алган кызына кайрылды.

-Вы идите, а я тут посторожу, — деди Оля, арабадан түшкүсү келбей.

Никифоровдор, казак орустар, Акылбек болушуп уезддин начальнигинин конторасын көздөй жөнөп калышты.

Тигилер жаңы эле крыльцого көтөрүлө бергенде конторанын эшиги ачылып, ичинен 25 – 26 жаштардагы офицер аларга оро – пара чыга калды. Ал жергиликтүү гаринзондун командири, капитан Григорий Толкунов эле. Эки казак орус жаш офицерди көргөндө какая калышып честь берип ийишти. Григорий тигилердин честин кабыл алды да:

-Наконец – то прибыли да? – деди баарын кыдырата кайрылып. Анан кадам шилтемекчи болуп умтулуп барып тык токтоп калды. Григорийдин көзүнө чүмбөттөлүү арабанын оозунда эки жагына  кызыга көз чаптырып олтурган Оля урунду. 

Ошол учурда беркилер конторанын ичине кирип кетишти.

Григорий атайлап чөнтөгүнөн портсигар алып чыгып, тамеки күйгүзүмүш этип крыльцодо туруп калды, Оляны көзүнүн кыйыгы менен тиктеп. Оля да жаш офицерди көзүнүн жаздымынан кетирген жок. Башын буруп кызыга тиктеп калды. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Григорий сүрдөп кетти. Кыз болсо:

-Здравствуйте,  — деп жайдары күлүп койду.

-Здравствуйте,  — деди апкаарыган Григорий шашыла баш ийкеп, Анан крыльцодон түштү да, арабанын жанына басып келди.

-С приездом, — деди Григорий аптыга.

-Спасибо. Я – Оля,  — деди кыз дагы эле жайдары.

-Очень приятно! А я Григорий Михайлович Толкунов, то есть просто Гриша, — деди офицер толкундана. 

-Это для кого вы “просто Гриша?” – деди Оля дагы эле жайдары күлүмсүрөп.

-Ну… для вас, — деп жиберди, эмнегедир Григорий шердене. Жүзү кубанычтан албырып чыкты, офицердин.

-Хорошо… Гриша, — деп Оля шыңкылдап күлүп калды.

Григорий да кызга кошулуп күлүп ийди. Анан:

-Я знаю, где вы будете жить, — деди ал капысынан.

-А где? – Оля күтүлбөгөн мындай жаңылыкка кызыга түштү. 

-Тут живет один местный купец. Дунганин. У него есть большой дом. Там и будете жить, -деди жигит.

-Дунганин? – Оля Григорийге суроолуу тигилди.

-Есть такая нация. Выходы из Китая, — деди Григорий.

-Теперь понятно. А этот дом, где мы будем жить,  близко к озеру? – деди Оля кызыга.

-Ради бога, не вздумайтесь купаться, — деди Григорий кооптонгон түр менен.

-Почему? – деди Оля таң калып.

-Потому что, местное население – мусульмане. А по исламу нельзя показывать голое тело. Особенно женскому полу, — деди жаш офицер Оляга кызуулана түшүндүрүп.

-Как же так? – деди Оля, Григорийдин сөзүнө ишенкиребей. –Мы же по дороге купались.

-Это наверное на безлюдном месте, — деди Григорий.

-Наверное. Но с нами вместе, с удовольствием купался наш кучер Акылбек, — деди Оля Григорийге суроолуу тигилип. –Он же тоже мусульманин, или не так?

-Да, он мусульманин, но учился в Росии. Так сказать, приобщился к цивилизованному миру,  — Григорий Олянын суроосуна дароо жооп тапты.

-Но… где – бы не учился, мусульманин всегда же будет соблюдать законы ислама.  А наш кучер был почему – то слишком либеральный для мусульманина, — деди Оля Григорийге каяша кылып. –Видимо, тут дело не в мусульманстве.

-А тогда в чем? – Григорий кыздын тирикарактыгына кадимкидей суктанып турду.

-Пока незнаю. Но, поживем – увидим, — деди Оля, адатынча жайдары. Анан капысынан эле сөздү башкага буруп ийди:

-А тут не скучно?

-Было скучно, — деди Григорий чын ниетинен, — а теперь нет, -кызга суктана карады ал.

Кыз офицердин сөзүнүн маанисин илгиртпей түшүнүп, мыйыгынан жылмайды.

***

Уезддин начальниги, калкагар мурут Николай Петрович Семенов Никифоровдорду өтө күтүп аткан экен. Ошончо кишини кабинетине бүт батырып, катуу кубанып олтурду.

-Иван Алексеевич, местная туземная школа с нетерпением ждет вас. Все знают, что сюда едет очень хороший учитель. Сегодня отдохните. А завтра я лично познакомлю вас со школой. Быть учителем и доктором – это самое благородное дело, Иван Алексеевич. Надеюсь, киргизы вас – учителей никогда не забудут. Вы же несете свет. У вас самая гуманная и важная профессия, Иван Алексеевич, — деп уезддин начальниги өтө олуттуу сүйлөп, далай сөздөрдү айтууга үлгүрдү. 

-Вам тоже огромное спасибо! – деди начальник казак орустар менен арабакеч Акылбекти кыдырата карап. –Теперь вы будете в распоряжении Григория Михайловича. А вы, Иван Алексеевич, идите и располагайтесь. Акылбек знает, где вы будете жить, -начальник ордунан тура калып, басып келди да, Иван Никифоров менен эски досторчо колун кысып өтө мээримдүү коштошту. Тигилер эшикти көздөй умтулушканда, Семенов Клавдияга кайрылды:

-Клавдия Ивановна, а вы задержитесь на минутку.

Клавдиядан башкалары кабинеттен сыртка чыгып кетишти. Тигилер чыгып кетээр замат эле Николай Петрович:

-Клавдия Ивановна, вы наверное удивляетесь, что когда военные врачи больше нужны на фронте, вдруг такой первоклассный военврач как вы, вместе того, чтобы отправиться на войну оказалось в далекой окраине?

-И да, и нет, — деди Клавдия дубалда илинип турган падыша Николай – IIнин портретин кунт кое тиктеп.

-Вы понимаете, — деди начальник өтө олуттуу, -скоро начнутся призывы из местного населения, на тыловые работы. Но, обстановка не добрая, я вам скажу, Клавдия Ивановна. У местного населения растет недовольство. Среди населения проводят работу лазутчики подпольной организации большевиков, настраивая их против призыва. У этих подонков очень сильная конспирация. Поэтому нам пока не удается раскрыть подпольщиков. Вы же прекрасно знаете их цель – из внутри хотят развалить российское самодержавие, с помощью немецких денег, чтобы потом захватить власть, — Семенов бир азга тунжурай түшүп, анан кайра сөзүн улады. –Мы думаем, что эти подонки подталкивают киргизов на бунт. Не дай бог, конечно этого. Но, вдруг произойдет бунт, вы предствляете что это будет?!  Вот тогда без вас, без вашей помощи. Клавдия Ивановна, нам будет очень тяжело. Поэтому я написал прошение генерал – губернатору Туркестана, чтобы заранее, на всякий случай, нам отправили военнного врача. Хорошо, что ваш муж оказался учителем. Пусть он активно просвещает местное население, чтобы они быстрее сами разобрались что к чему. А на вас мы не будем публично акцентировать. Конечно, местный лазарет пока пустует. Вы сами понимаете, гарнизон не большой. Но хорошо вооруженный. В настоящее время, Клавдия Ивановна, вам следует лечить гражданское население. Мы специально, для вас, подготовили здание медпункта. Только жаль, что у вас не будет помощницы.

-У моей дочери есть кое – какие навыки по медицине, — деди баятан начальникти кунт коюп угуп олтурган Клавдия.

-Вот и хорошо, — кубанып кетти Николай Петрович, -тогда она и будет вам помогать. Часто вас придется оказать медицинский помощь на месте. Поэтому мы к вам прикрепляем трех лошадей и бричку.

-Спасибо, — деди Клавдия, -я могу идти?

-Идите, идите, — начальник жылуу жүзү менен Клавдияны узата карады.

***

Оля менен Григорий маектешип турганда беркилер уезддин начальнигинин конторасынан топурап кайра чыга келишти. Кыз менен офицердин эски тааныштарча сүйлөшүп турганын көрө сала Порфирийдин кабагы кызганычтан бүркөлө түштү. Айланасындагыларга байкатпай ызырына тиштенип алды. 

Тигилерден соң, бир аздан кийин Клавдия жалгыз чыкты, конторадан. Чыгып эле кызы менен сүйлөшүп турган жаш офицерди сынай карады да, ичинен жактырып койду. Анан Клавдия, атынын чылбырын чечип аткан Порфирий тарапты эми кантесиң  дегенчелик кылып карады эле, эмнегедир экөө тиктеше түшүштү. Клавдиянын оюн түшүнгөнсүп, Порфирий кабагы түнөргөн калыбында көзүн ала качып, жүзүн башка жакка буруп кетти.

***

Араба уезд начальнигинин короосунан сыртка чыкты. 

Эки казак орус менен Григорий Толкунов ат үстүндө арабаны бир аз коштоп барышып, жолдон бурулуп кала беришти, тигилерди узата. 

Олядан ажырагысы келбей кыйылып турган Григорийдин жүзүндө жашыра албай турган сүйүү сезими кадимкидей сезилип атты. Ал эми кызганычтан ичинде ит өлүп турган Порфирий ансайын Григорийди астыртан жаман  көзү менен карап коюп атты.

Араба улам узап, бак – шактуу шаарды аралап алыстап кеткенче, офицер менен эки казак орус ат үстүндө карап турушту. Чүмбөт бурулуп көрүнбөй калганда гана Григорий атынын башын кайырып теминди да, таскактаткан бойдон башка жолго түшүп кетти. Эки казак орус офицерди коштой чаап жөнөштү.

***

Эртеси түшкө жуук уезддин начальниги айткандай эле Иван экөө жергиликтүү орус – тузем мектебине келишти, трашманкеге түшүп алышып. Мектеп жыгачтан салынган чоң үй болчу.

-Как вам наша школа? – деди, уезддин начальниги түшө элек жатып эле.

-Видно очень добротный дом, -  Иван чын ниетинен үйгө баа берди. 

Андан соң Семенов менен Никифоров ээрчишип мектептин босогосун атташты.

***

Уезддин начальниги директордун кабинетинде Иван Никифоровду өтө чакан мугалимдер коллективине тааныштырып олтурду.

-Иван Алексеевич Никифоров, историк. При чем очень объективный историк. Как некоторые, он не допускает субъектвизма, -деп маңдайындагы Яков Свердлинди кабагын түйө карап койду. Иван болсо уялыңкы тартып унчуккан жок.

Коллектив менен бир аз баарлашкан соң Семенов:

-Та-а-ак, я вас покидаю, — кетүүгө кам урду ал.

-Благодарю вас, -деди Иван чын дилинен уезддин начальнигине ыраазычылыгын билгизип. 

Андан соң директор баш болуп мугалимдер начальникти узатып чыгышты.

***

Уезддин начальнигин узатып коюшуп мугалимдер кайра келатышкан болчу. 

-Иван Алексеевич, погодите, -деди өңү кубарыңкы жаш мугалим Яков Свердлин. Иван токтоп калды.

-Вы хорошо знаете восстание Спартака? – деди Яков, Иванды сынай.

-А что? – Иван жаш мугалимдин күтүүсүз суроосуна анча түшүнө берген жок. –Я же историк и обязан знать все, что касается моего предмета.

-А как вы оцениваете революцию 1905 – 1907 – х годов? – деди Яков Иванды дагы сынай тиктеп. Жаш мугалимдин бир чети күтүүсүз, бир чети орунсуз суроолоруна таң  калган Иван да кайра Яковдун өзнө суроо узатты:

-А вы как оцениваете?

-Это же незаживающая рана на теле простого народа, -деди Яков шыр. 

-Помилуйте, молодой человек, может быть вы хотите сказать “на теле русского государства?” – деди Иван жаш мугалимдин суроосунун түп маанисин анча түшүнө бербей.

-Нет, Иван Алексеевич, именно на теле многострадального простого народа, -сурданган Яков акыркы сөзгө айрыкча басым жасай сүйлөдү.

-Интересное у вас точка зрение, -Иван эмне деп айтаарын билбей турган.

-Хотелось бы узнать вашу позицию, -Яков Иванды тикирейе тиктеди.

-Давайте, об этом поговорим по – позже, — деди Иван тайсалдап, сөздү уланткысы келбей.

-Обязательно, Иван Алексеевич, обязательно, -деди Яков, же какшыктаганы, же кекээрлегени билинбей сырдуу жылмайып. Анан:

-А между прочим, у местного населения растет недвольство, -деди, басмакчы болгон Иванга дагы эле сырдуу карап.

Иван уйгактай жабышкан жаш мугалимдин максатына таптаакыр түшүнбөй атты.

-Почему? –деди Иван ойлонбой эле.

-Вы лучще меня знаете, Иван Алексеевич, что творится на фронте, -деди Яков кыжырлуу, -государство использует простых солдат как пушечное мясо! А местное население не хочет отдавать своих сыновей на… мясорубку!

-Молодой человек…

-Яков Исаевич, -деп оңдоп койду жаш мугалим.

-Извините. Яков Исаевич, ведь есть распоряжение государя – в случае призыва местного население они пойдут только на тыловые работы, -деди Иван билгенин бербей.

-Вы этому верите? – деди Яков эмнегедир аны демиткенсип.

-Не то что верю, так оно и есть. Потому что необученные, неподготовленные люди не могут же сражаться на фронте. Поэтому их могут брать только для обеспечение тыла. Это логично, — деди Иван Яковго түшүндүрүүгө аракеттенип.

-Ай, ай, Иван Алексеевич, — деди Яков башын чайкап, -вы оказывается очень плохо знаете своего государя. Сколько раз царь потопил простой народ в крови?! Ну, скажите честно.

-Яков Исаевич, я не понимаю о чем вы говорите,  -деди Иван кыжаалат боло.

-Не – ет, Иван Алексеевич, -деди Яков жасалма күлүп, -вы прекрасно понимаете положение вещей. Просто, чересчур осторожничаете. Боитесь, да?

Ушул учурда Ивандын оюуна бир нерсе тык эте түштү. 

-Вы кто, Яков Исаевич, большевик или эсер? Вы случайно не соратник Лойцнера?*– деди ал Яковго тик карап. Күтүүсүз суроодон айыбы ачылган немедей болуп Яков тайсалдай түштү.

(*Лойцнер В. И. – большевик подпольщик. 1903-1904-жылдары Каракол уездинде большевиктердин подполдук уюмун түзгөн.)

-Лойцнер… Ну что вы, сразу так, Иван Алексеевич… -деди көзүн жүлжүйтө митаамдана күлүп жаш мугалим. –Вы же новое лицо. Просто хочется с вами побеседовать.

-А если честно? –деди Иван сөзүнөн кайтпай.

-А если честно, -Яков дагы эле митаамдана күлүп турду, -я просто… маньяк.

-Маньяк? –деди Иван чочулаганын билгизгиси келбей.

-Да,  -деди Яков митаамдана күлгөн бойдон, Иванды шылдыңдай тиктегенсип.

-Ну и у вас шутки, молодой человек… то есть Яков Исаевич, -деди эмне дээрин билбей Иван.

-Ну, ладно, Иван Алексеевич, не берите все это близко к сердцу. Я думаю, мы с вами очень интересно поговорили. Пусть все это останется между нами, -Яков көзүн жүлжүйтө мыйыгынан күлүп, жарык чала тийип, күүгүмдөнгөн мектептин коридору менен андан ары басып жөнөдү Иван анын артынан ээрчий басты.

***

Никифоровдордун жайланышканынан бери бир нече күн өткөн. Түш ооп калган мезгил эле. Клавдия менен Оля короодогу узун кермеге кир жайып атышкан. Короого арабаны зуулдата айдап  Антон кирди, көчөдөн. 

-Мама, вы закончили стирку? –деди Антон, арабадан түшө элек жатып эле. –Когда мы едем купаться? Вот, транспорт готов.

-Иди, Оля, -деди Клавдия кызына. Оля колундагы кирди жая салып, үйдү көздөй чуркады. 

-Антоша, только будьте осторожны, хорошо? –деди Клавдия, тепшиден кир алып чыгып, суусун силкип атып.

-Не переживайте мама, -Антондун көңүлү ачык эле. Аңгыча үйдөн кичинекей баштыкчасын көтөргөн Оля шашып – бушуп чыга калды.

Кыз арабага олтураар замат эле Антон шапалагын чамгарактата көтөрүп: “Но!” деди эле, ат таскактаган бойдон жөнөп берди.

-Будьте осторожны, -деди Клавдия, тигилердин соңунан узата карап.

***

 Антон менен Оля сууга түшкөнү чыгып кеткенден бир аз өтпөй эле кирин жайып бүтүп калган Клавдия короонун кырына бирөөнүн келгенин сезип кылчайды. Кашаанын аркы бетинде атчан капитан Григорий Толкунов туруптур. 

-Здравствуйте, Клавдия Ивановна, -деди Григорий күлүмүсүрөй учурашып.

-Здравствуйте, Григорий Михайлович, -деди Клавдия күлүмсүрө жооп берип. 

-Оля дома? –деди Григорий бир аз уялыңкы.

-Они поехали купаться, -деди Клавдия.

-Как давно? –деди Григорий эмнегедир кабатырлана. 

-С полчаса, -деди Клавдия, канча убакыт өткөнүн ичинен санап.

-Значит, не скоро вернутся? –деди Григорий өз оюун өзү бышыктап.

-Возможно, -деди Клавдия эмне деп айтаарын билбей.

-До свидания, Клавдия Михайловна, — Григорий коштошуп, атынын моюунун буруп, чаап кетти.

-До свидания, -деп Клавдия узата карап кала берди да, анан тепшисин көтөрүп үйдү көздөй басты.

***

Григорий бак-шактуу шаарды аралап, бир топ жерге чап барды да, анан капысынан атынын ооздугун тартып, тура жолдун топурагына түшкөн арабанын изин карап, бир паска туруп калды. Атынын башын чукул буруп, жолду туурасынан кесип өтүп, арабанын изи созулган тура жол менен таскактатып жөнөдү.

***

Атын текиреңдеткен күндөн көзү жүлжүйгөн Григорий, жылаандай ийрилген өңгүл-дөңгүл топурактуу жолдо арабанын изин кууп, көлдү көздөй чапты.

***

Антон менен Олянын арабасы эл жок, ээн тала менен өңгүл-дөңгүлдү аралап, кайып кетип баратты.

***

Оошл учурда араба кетип бараткан жолдун капталындагы төт жол менен беш атчан улан келатышты. Тигилердин карааны көрүнөгөндө эле, эмнегедир Оля чочуп кетти.

-Антон, может быть свернем обратно? –деди Оля, тигиллерге жакындаган сайын корккону күчөп.

-Как ты не понимаешь, -деп Антондун ачуусу келе түштү. –Если мы сейчас свернем назад, то точно они устроят погоню. Подумают, что мы испугались. Поэтому не надо подавать вида. Держи себя в руки. Попытаемся проскочить мимо.

 Антон аттын ооздугун тарткандын ордуна кайра шапалак үйрүп, арабасынын жүрүшүн ого бетер катуулатты.

Араба топ атчанаг катарлаш келе бергенде, коркконунан алактаган Оля, тигилердин жүзүнө карабоого аракеттенип, Антон менен кошо атты камчыламыш болуп калды.

Топ уландын көңүлү көтөрүңкү ал тургай бир аз алгүү экенин баамдады,, «но!..», «нолоп» шапалагын чамгарактатып кыйкырып бараткан Антон. Бир-экөөнүн атынын капталында бөлтөйгөн кол чаначтын эмне экенин түшүнбөй, элейе карапи койду, өспүрүм.

-Эй, орустар, каяка баратасыңар? –деп ыржалактап күлдү, атчан уландардын ичинен, эрдемсинген бирөө, камчысын бүктөй кармап.

-Көлгө, -деп шыр жооп берди Антон, атына шапалак басып атып. 

-Оми-и-ий, ай, кыргызча билет экен! – деп жиберди, эрдемсинген биринчи уландын жанындагы жапылдаган боз бала. Уландардын бир дары таң калымыш этишип, баштарын чайкап коюшту. 

Аңгыча араба тигилерден бир топ узап кетти. Бир саам буйдала калышкан топ атчан андан ары жолун улап жөнөштү. Бир аз бастыра түшкөндөн кийин эле, баягы чокчолоңдогон эрдемсинген улан:

-Көлгө деди, ээ, ыя? –деди, эми эсине келгенсип.

-Ооба, -деди, жапылдаган боз бала.

-Эй, азыр деген булар сууга түшкөнү баратышат да, анда, -деди, эрдемсинген улан, бир шойкомду баштачудан бетер. –Артынан барбайлыбы? Ээн, эч ким жок. Жалгыз ининсин жалпайта чабабыз! Анан… -алаканын ушалап кийди. 

–Анан бир кумардан чыгабыз, орус кыз менен!-деди, жапылыдаган боз бала, тигини коштой чаап.

-Эй, койсоңорчу, -деди топтун арасынан кара тору улан кыйылып, -арызданчу болсо, оездун ачендиги* оңдурбайт, бизди, касап салат. (*Уезддин начальниги)

-Коркуп атасыңбы? –деди, эрдемсинген улан демитип. Эй, эркексиңби, сен?! Же тебетей катынсыңбы?!

-Оозуңа карап сүйлө, эй, Кабыл! –деди кара тору улан териге. –Азыр чокуңду айра чабам! –камчысын бүктөй кармам, үйүрүп, атынын үстүнөн обдулду.

-Арык, кой эми, кой, -деп, жапылдаган боз бала ортого түшө калды.

-Барбасаң өзүң бил, деп Кабыл жалтактай түштү. –Касым, бастыргыла, калганыбыз барабыз, -атынын башын буруп, алыстап кеткен арабанын артынан желдирип жөнөдү. Жапылдаган Касым баш болгон дагы эки улан Кабылдын аркасынан кошо чабышты. Жини тарабай, ызаланып калган Арык, тээ алыстан дүпүрөгөн бир үйүр жылкыны айдап келаткан жылкычыны көздөй мингичин текиреңдетип жөнөдү.

Көлдү беттеп, аттарын таскактатышкан, Кабыш баштаган топ улан, карааны эчак эле үзүлгөн арабанын аркасынан баратышты.

***

Араба топ уландан бир топ узап барып, карааны үзүлгөндөн кийин Оля артына кылчайды. Көзүнө эч ким көрүнгөн жок. Ошондо гана жүрөгү ордуна келди, кыздын.

-Слава богу, их не видно, -деди деди Оля.

-А ты боялась, -деди, Антон мыйыгынан.

Ошол бойдон эже-ини арабасын зуулдаткан боюнча, көлгө жетип келишти. Дүпүйгөн чычырканактуу токойдон өткөндө эле, мелмилдеген көлгө такала түшүштү. Аттын оозун жыйып, токттоор замат эле, Антон үңстүндөгү кийимин арабанын стүнө чечип ыргытып, жерге секирип түштү да, көлдү көздөй чуркап барып, токтоосуз эле сууга кирип кетти.

Оля да үстүндөгү бир сыйра кийимин арабанын үстүнө таштай салып, Антондун артынан көлдү көздөй чуркады. Бирок, жээкке жетип, сууга дароо кирбей буйдала түштү.

-Оля, что ты стоишь? Давай быстрее в воду. Она теплая, -деп энтиге кыйкырды, нараакта жыргап сууга түшүп аткан Антон. Оля адатынча бутун сууга малып, бир аз ичиркенип алды да, анан демин жыйып туруп, сууга боюн таштады.

***

Эки бир тууган жаңы эле жыргап көлгө түшө башташкан. Аңгыча чычырканактуу токтой тараптын ичи шыбырт шубурт боло түштү. Токойду аралап. Улам берилеп келаткан үч төрт кишинин карааны көрүндү.  Тигилер коен аңдыган түлкүдөй болушуп,  сууга түшүп атышкан эже иниден көздөрүн албай, бөгүп басып, жээкке жакындай башташты. Алар Кабыл менен анын жолдоштору болчу. Денеси кардай аппак жылаңач кызды көргөндө Кабыл баштаган топ уландын делебелери козголуп, дүүлүгүп чыгышты. 

-Эмне карап турабыз, — чыдамы кетип Касым Кабылга. –Барып эле баса калбайлыбы? – калган экөө тигини кубаттап кетишти.

-Кое тур, өлүп баратсаң дагы! – деди Кабыл аны жекирип. – Биз ачык жерге чыкканда эле көрүп калышып,  көлдөн чыкпай койсо кантесиң? Же күнүгө сууга түшүп жүргөн балыксыңбы сен? 

Эки боз улан Кабылдын сөзүнө күлүп ийишти. Касымдын шагы сына түштү.

-Анан  ушинтип акыйып тура беребизби? – деди Касым бурк этип.

-Чыгышсын суудан. Кумга келишип жатаар замат эле барып басып калабыз! – деди Кабыл Олядан көзү өтүп.

***

-Пошли, согреемся, -деди Оля Антонго. 

-Иди сама, еще поплаваю,-деди  да Антон сууга чумкуп кетти. Эч нерседен шек албаган Оля жээкти көздөй сүзүп жөнөдү. 

***  

-Келатат! –деди Кабыл жанындагыларга шыбырап, — Даярдангыла, көтөрүп туруп токойго алып кетебиз!

Тигилер Олянын жээкке жетишин чыдамсыздык менен күтүшүп, демдерин ичтерине алып турушту. Көк муштум болгон Оля жээкке жетип, обочодо турган арабаны көздөй басты, калчылдап. Арабанын жанына келип, үстүнөн сүлгү алды да, денесин кызаргыча сүрүп сүрүп ийди. Анан ысык кумга көмкөрөсүнөн жата кетти. 

-Баскыла, — деди Кабыл тигилерге, — шырп алдырбай жеткиле! 

Уландар токойдун четине чыгышып, аяр басып, кумда күнгө күйүп аткан кызды көздөй жөнөштү. 

Сууга кайра-кайра чумкуп жыргап ойноп аткан Антон капысынан Оляны аңдып баратышкан уландарды көрө коюп, жүрөгү шуу дей түштү.

-Оля! – деп үнүнүн болушунча ачуу кыйкырды өспүрүм. 

Инисинин кыйкырыгы элдир-селдир кулагына угулган Оля чочуп кетип, оордунан атып турду да, көлдө сүзүп жүргөн Антонду карады. 

Тигилер Оляга аркан бою келип калган. Антон жанталаша кыйкырды:

-Оля, Оляя! Беги! 

Ошондо гана Оля бир балээни сезип артына кылчайды да, сабоодой болуп аңдып келатышкан уландарды көрө салды. Жүрөгү оозуна тыгылган кыз аял-буялга келбей арабаны көздөй чуркады. Сугу өтүп келатышкан  уландар да дароо качырып сала беришти. Кыз буту үзүлгөнчө чуркап  арабага жетти да, арабанын кырына  байланган тизгинди чече албай буйдала түштү. Качырып келатышкан уландар эки секирсе  жетээрлик аралыкка келип калышкан. Ыйлап ийчүдөй болуп,  колдору калтырап тизгинди чечкилеп  аткан Олянын жүрөгү оозуна тыгылып, заманасы куурулуп кетти.  Дагы бир эки көз ирмемден ичинде тигилер арабага жетип,  кызды куткарбай кармап кетишээринде шек жок эле. Олянын калчылдаган колу тизгинди эптеп чечти да, кыз аял буялга келбей аттын ооздугун силкип “Но! Но...” деп кыйкырды. Ат ордунан дароо окторулуп, алдыны көздөй атып жөнөдү. Ошол учурда Кабыл арабага жетип бучкактап калган эле. Оля эмнегедир  аттын оозун чирене тартып ийди. Ат тык токтоду. Арабанын артына жетип, жармашып, эми үстүнө секирейин деп аткан Кабыл  араба токтогондо күү менен анын четине  катуу урунуп,  чекесинен кан чыгып,  чалкасынан кетти. Кыз кайра аттын тизгинин силкип шапалак үйүргөндө, араба шарт эле алдыны көздөй атырылып жөнөдү.  Кабыл колун  арбаңдатып жерден туралбай калды.  Касым менен калган үчөө арабаны бучкактап кууп жөнөштү. Бирок, арышын керген атка жете алышпасын билишип, бир аз кууп баргандан кийин күйүгүп кала беришти. 

-Эй! Атка! Атка мингиле! – деп кыйкырды тигилердин артынан Кабыл. Анан өзү оордунан туруп, чымын куюн болуп токойду көздөй чуркады. Күйүккөндөрүнө карашпай тигилер да артын көздөй  токойду көздөй тызылдашты. 

***

Атына камчы баскан Григорий Толкунов көлгө жакындап келаткан. 

***

Оля аңды-дөңдү карабай арабаны айдап баратты. 

***

Төрт улан токойдун ичиндеги ачык жерде оттоп турушкан аттарына чуркап жетип келишип, ыргып миништи да,  теминген боюнча алдыга зуулдап жөнөштү. 

Бир аздан кийин Олянын соңунан түшүштү алар. 

Субай-салтаң  аттар менен араба тарткан аттардын аралыгы улам кыскарып келатты. Оля жанталаша шапалак үстүнө шапалак уруп, атты кара терге түшүрүп баратты. 

***

Аңды-дөңдү карабай, ээн талаада арабаны жанталаша айдап келаткан Оля башка жолго түшүп кеткенин өзү да байкабай калды.  Аңгыча кыздын арабасы бир коктуга кирип кетти. Куугун артынан кошо кирди коктуга. Кыз коктунун ичи менен арабасын жанталаша айдап баратты. Куугун ага куйрук улаш келатты. 

***

Кыз менен куугун коктунун ичи менен бири бирин куушуп барып, оозуна чыга берерде, атын текиреңдеткен Григорий  тигилерди көрбөй көлдү көздөй кыйгач өтүп кетти. 

***

Кыздын арабасы коктунун оозунан атып чыгып, түз жерге түштү. Куугун болсо арабаны такымдап калган учур эле.  Жанталашып бараткан кыздын капталынан дүпүрөгөн бир үйүр жылкы чыкты. Коркуп келаткан кыздын баамына жылкынын артында  аттарын текереңдетип келатышкан эки кишинин карааны элдир селдир илинди.  Кыз ансайын өлөөр тирилерине атын койгулакка алып баратты. Алардын бирөө Осмон, экинчиси Арык болчу. 

Олянын арабасы топураган жылкы жеткиче эле кыйгач өтүп кетти. Төрт атчан улан  арабанын эки тарабынан катарлаш келип, бирөө кыздын атынын суулугуна жармашып калган болчу. Көздөрү кутурган иттикиндей болуп  канталаган Кабыл колдорун белендеп Оляны билектен алууга  камданып калган. 

-Эй Кабыл! – деп кыйкырды аңгыча Осмон каптал тараптан чаап келатып. –Тийбе алдагы кызга! 

-Ишиң болбосун! – деди Кабыл көздөрү ого бетер канталай. –Өз жолуң менен кете бер! 

-Акыркы жолу айтып атам! –деди Осмон кыйкырып, — Жакшылыкча кое бер алдагы кызды! 

-Катының беле сенин?! – деди Кабыл кекээрлеп.  Кабылдын  оюнан кайта турган түрү жок болчу.  Так ошол маалда  Кабылдын төбөсүндө жыландай болгон кыл аркан  ийриле түшүп, бир заматта  мойнуна сыйыртмак илинип, эмеле эрдемсип келаткан эме, атынын  үстүнөн тебетейдей болуп  учуп түшүп, жерде сүйрөлүп калды, колу менен кекиртегин тытмалап. Муну көргөндө үч жигит арабаны кое беришип, туш тушка качып беришти. 

Ошондо гана Кабыл  атынан учуп түшкөн жерден бир топ узап кеткен Оля эсине келип, атынын ооздугун чирене тартып, арабаны токтотуп  артына кылчайды. Алгач  кыздын көзүнө ойдологон аттын үстүндө турган келишимдүү жигит Осмон чалдыкты. Анан жерден темтеңдеп туруп, бозала чаң болуп, мойнундагы сыйрытмакты чыгара албай аткан   Кабыл түштү.

-Осмон, — деди жүзү көгөрө түшкөн сыйыртмакты мойнунан алып ыргыткан соң боз ала болуп. – Бул эмне кылганың?!  Мен эмне жамандык кылдым сага?!  Болушканың ушул, орустун көккөз кызыбы?! 

-Мен сага эскертпедим беле,-деди Осмон кебелбей. 

-Болуптур, — деди Кабыл ызалуу, — дагы көрүшө жатаарбыз! – ызырынган  Кабыл обочодо окуранып турган атына басып барды да секирип минип, капталга теминип алдыга текиреңдетип жөнөп кетти. Осмон кыл арканын  жыйып алып, ороп ороп туруп канжыгасына байлап койду. 

Коркконунан калчылдаганын эмдигиче баса албай шаша буша кийинип аткан кыздын жанына Осмон менен Арык бастырып келишти. 

-Коркпо,— деди Осмон кыздын титиреп атканын көрүп. – Эми сага эч ким тийбейт.

-Мен сенден корккон жок, — деди Оля титиреп атса да сөздү туура айтканга аракеттенип, кийинип атып. 

-Кыргызча билет турбайсыңбы!— Осмон кубанып кетти.

-Кичине-кичине...— деди Оля, же жүрөгү ылдыйлаганы же мыйыгынан жылмайганы  белгисиз эми гана жаңы жүзүнө кызыл жүгүрүп.

-Менин атым Осмон, — деди жигит кызды жактыра карап.

-Мен Оля, — деди кыз суу болгон чачын тарап атып. “Оля” деген атты укканда    Осмон селт эте түштү. Көз алдына Жамбыга сөйкө салганы баргандагы түнкү окуя тартыла калды заматта.  

-Мугалимдин кызысыңбы?-деди Осмон бүшүркөп.

-Да, — деп башын ийкеди Оля. 

— А сен кантип билет? – кыз таң кала түштү.

— Сен экөөбүз жолукканбыз. Мени  тааныган жоксуңбу, — деди Осмон кызды сынына толтура карап. 

-Качан? – деди Оля эстей албай.

-Эсиңдеби, атыңар ала качып көлгө түшүп кеткени, — деди Осмон кыздын эсине салууга аракеттенип. 

-Ааа,— Оля алаканын шак койду. -  Жигиттер... кыздар...  значить сен да болгон турбайсыңбы ал жерде? – кыз аябай кубанып кетти. 

-Мен арабакеч экөөңдүн жаныңарга биринчи барбадым беле, — деди Осмон. 

-Ал сен беле? – деди Оля кубанганынан эмне дээрин билбей.

-Ооба,— деди Осмон  күлүмсүрөй.

-Вот судьба, — деди Оля өзүн бактылуу сезип. Сөзгө түшүнбөгөн Осмон унчуккан жок. 

-А эмнеге  сен биякта? – деди кыз кызыга.

-Мен ушул жерликмин, ошондо мен тиякка баргам, — деди Осмон кызга карап.  Анан Осмонду жалжылдай карады суктана тиктеп. 

Экөөнүн көздөрү чагылыша түшүп, кыздын да, жигиттин да жүрөктөрү булкуп-булкуп алгансыды. 

-Рахмат сенге, — деди Оля жароокер.

-Рахматыңды Арыкка айт, эгер бул мага чаап келбесеэмне болот эле, бир Кудайдын өзү билет, — деп жанында атчан турган курбусун көрсөтө баш чулгап койду. 

-Сенге да рахмат! -  деди Оля Арыкка жылмая. – Ну... жакшы... Антоша келде. Мен Антоша барам, — кыз Осмонду суктана тиктеди. 

-Биз сени менен чогу барсак болобу? – деди Осмон кыздан калгысы келбей.

-Жакшы болот, — деп Оля эмнегедир кубанып кетти. Анан атынын башын көлдү көздөй буруп, арабасын акырын айдап жөнөдү. Осмон менен Арык кыздын эки тарабында  чогуу бастырып баратышты.

Осмондун жылкылары  обочодо оттоп кала беришти. 

-Бул... – Оля  ылайыктуу сөз  табууга аракеттенип ойлоно түштү, — канча... много... а...  ат... сеники? – деди кыз оттоп турган жылкыларды көрсөтүп. 

-Жылкыларбы? – деди Осмон кыздын таттуу тилине ичи элжиреп.

-Да, да жил-ки... – деп Оля сөздүн аягына чыгалбай  уялып кетти.

-Жылкылар, — деди Осмон күлүп, Арык да күлүп койду.

-Жылкылар,— деди Оля. Анын туура айттымбы дегенсип Осмонго жылмая карады. – Сеники? 

— Биздики? – деди Осмон күлө баш ийкеп. 

-Сен Морис Мустангер... – деди Оля Осмонго суктана карап.

-Ал ким? –деди Осмон кызыга.

-Сен тамга билет? – деди Оля.

-Тааныйм тамганы, — деди Осмон, — сабатым жоюлган.

— Бул жакшы, — деди Оля, — а руссча сүйлөйт? 

-Сенден үйрөнсөм болобу? – деди Осмон чын ниетинен.

-Болот, болот, — деди Оля үнү дирилдей, — вот тогда... мен сенге китеп берет... “Всадник без головы”. Майн Рид. Сен окуйт. И сен түшүнөт.  

-Анда тез эле үйрөтчү мага , орусчаны, — деди Осмон чыдамы кеткен кишиден бетер. 

-А сен менге киргизча... окут, — деди Оля ылайыктуу сөз издеп. 

-Сөзсүз үйрөтөм! – деди Осмон эргип. 

-Значит  договорились? – деди Оля Осмонго жылмая тигилип.

-Ал эмне дегениң? – Осмон Оляга суроолуу карады.

— Ну макул... макулдаш... – деп Оля буйдала түштү.

-Аа макулдаштык дебейсиңби, — деди Осмон.

-Да, да макулдаш! – Оля башын ийкегилеп ийди. 

-Макулдашса макулдаштык. Сөз бир, — деди Осмон Оляга элжирей тигилип. 

-Осмон, — деди Арык, бир аз бастыра түшкөндөн кийин, — силер эле барып келгилечи, мен жылкыны көздөй турайын. 

ОсмонАрыктын оюн илгиртпей түшүндү да: — Мейли, — деп башын ийкеди. 

Арык аттын башын буруп, обочодо оттоп турган жылкыларды көздөй желдирди. Жылкылар менен Арыкты жолго калтырышып Осмон менен Оля көлдү көздөй узап кетишти. 

***

Оля менен Осмон көлгө жакындап калганда алардын алдынан Антоду учкаштырып алып, шашып келаткан Григорий чыкты.

Алар бири-бирине бет келгенде Антон аттан ыргып түшүп, Оляны көздөй чуркады.

-Оля, как ты?! – деди санааркаган Антон арабага жетип-жетпей.

-Как видишь, все нормально, деди Оля, иниисин жайгара.

-Здравствуйте, Оля, -деди Григорий, кабатыр болгон түр менен. _Как вы?

-Здравствуйте, Григорий Михайлович, -деди Оля, -не беспокойтесь. Слава богу, все хорошо.

Осмон менен Григорий тиктеше түшүштү. Эки жигит бири-бирин ичтеринен сынай, буттарынан баштарына чейин көз чаптырып чыгышты. Осмондун келбети, эрге олтурганы Григорийдин купулуна толуп турса да, дилин кызганыч аралап турду анын.

Осмон да Григорийди баалады. Орус жигитинин мыкты жигиттерден экенин ичинен моюнга алып атты, Осмон. Бирок, ушул жигит анын атаандашы экенпин да туюп койду, жылкычы жигит. 

Экөөнүн үн-сөзсүз сынашуусун алдыртан баамдаган Оля, ыңгайсыз абалды бузуш үчүн:

-Григорий Михайлович, он спас меня, -деп Осмон тарапка башын жаңсады.

-Кто он? –деди Антон арабага олтуруп атып.

-Морис-мустангер, -деди Оля, Осмонго жылмая карап.

-Морис-мустангер? –Григорий Оляга суроолуу тигилди.

-Да, Морис-мустангер, -деди Оля күлө башын ийкеп.

Мкнк укканда Григорий эмнегедир кабагын чытып койду. Тигилерге байкоос салып турган Осмон Григорийдин кабак чытыганын баамдап, суз тарта түштү.

-Этого мустангера зовут Осмон, -деди Оля, жигиттин ысымын өзгөчө бир сүйүү менен атап.

-Значит, тебя спам Осмон-Морис-мустангер, как в «Всаднике без головы?»  -деди, Антон эжесин сынап. –Я так испугался. –Сен айткан менге,

-Видишь, не все ткие как они. Тут есть еще настоящие мустангеры, -деп Осмонго жадырай карап койду, кыз. Кыздын сөзүнөн, Осмонго мамилесинен Григорий тиги экөөнүн ортосунда жаңы ойгонуп келаткан сезимди эң сонун туюп, кабагы ого бетер бүркөлдү  да:

-Оля, до свидания. Я вечером как-нибудь к вам загляну, -деп, атын теминип, маанайы пас жөнөп берди. 

Осмон Григорийди узата карап мыйыгынан жылмайып койду.

-Осмон, -деди Оля жигитке жалжылдай тиктеп,  -сен бизди узатат? А то биз коркуп атат.

Кыздын эмне каалап турганын илгиртпей түшүнгөн Осмон:

-Сөзсүз узатам, үйүңөргө чейин! –деп кубанып кетти. – Сен менин атыма мнип ал, -Осмон Антонго кайрылып, улан атынан дароо ыргып түшүп, арабасынан жерге секирген Антонду мингичинин ээрине ашыра салып, өзү баятан арабада жылмая күлүп турган Олянын жанына олтуруп, тизгинди колуна алды да “чу” деп силкип койду. Ат алдыга умтулду. А Антон Осмондун атына минээр замат эле алдыны көздөй желдирип жөнөгөн болчу. 

Араба Антондун соңунан эки-үч аргамжы боюу артта баратты.

Эки жаш бири-бирине кыналыша олтурушуп, арабанын ыргыгнда термелишип, жүздөрү шаттуу эле.

***

Арадан эки-үч күн өткөн. Айлуу түн эле. Осмон жылкысын жайып коюп, өзү от жагып, жылынып олтурган. Аңгыча айдын жарыгында бирөөнүн келатканын туюп, Осмон ордунан ыргып туруп, жанында жаткан укуругун дароо колуна алып, атын көздөй чуркады. Атынын жалынан тартып минээрде “Осмо-о-он” деген Олянын үнү укту ал. Келаткан ким экенин билген соң, жигит атын калтырып, укуругун көтөрүп, кызды утурлай басты.

Оля жанына келгенде Осмон анын атынын суулугунан кармады.

_Здравствуй, Осмон! –деди кыз жадырай, атынан түшпөй туруп.

-Оля?— деди Осмон аң-таң калып. –Жети түндө жол болсун, сага? Эмне болду?

-Баары жакши, -деди Оля күлүмсүрөп. –Я пришла, чтобы вместе с тобой сторожить твой табун.

Осмон Олянын сөзүнө түшүнбөй, эмне дээрин билбей туруп калды.

-Мен жылкы кайтарат, сен менен кошо, тушунду? –деди Оля ого бетер жадырай күлүп.

-Түшүндү, түшүндү! –деп Осмон кубанып кетти. Анан дароо Оляны аттан көтөрүп жерге түшүрдү.

Экөө оттун жээгине кыналыша олтурушту.

-Кантип мени таап келдиң? Кантип коркпой келдиң? –деди Осмон бир чети таң кала, бир чети толкундана.

–Сен айткан менге, «мен чо-о-он от жагып олтурат… ну… постоянно» деп. И вот нашла, -деди жигиттин ийнине башын жөлөп. –Я очень хотела видеть тебя! Поэтому и не боялась, — кошумчалап койду кыз. Осмон Олянын кийинки сөзүн нбөй кыздын оозун тиктеп калды.

-Сенге келаткан учун мен корккон жок, -деди жароокер. Муну куканда Осмондун жүрөгү ого бетер алып учуп, кыздын саамайынан сүйө сылап койду. 

Осмондун жүзү өтө кубанычтуу эле. Жигит кыздын жети түндө эмнеге издеп келгенин да эң сонун п турган.

-Мындай болот деп үч уктасам түшүмө кирген эмес, деди Осмон аябай толкунданып.

-Мен сенге түшүнгөн жок, -деди Оля жигитке наздана карап.

-Баарын эң сонун түшүнүп турасың, митаам десе, -деди Осмон ичи элжирей.

-Сен эмне деп атат? –деди Оля дагы наздана жигитке тиктеп.

-Момуну угуп атасыңбы, де патам, -Осмон жүрөгүнүн тушун көрсөттү.

-Мен сенге тушунген жок, -деди кыз жүзү албыра башын чайкап. Осмон кайра дароо жүрөк тушун дагы көрсөттү.

-Түк… түк… түк деп ата! Ошол сага сага угулуп атабы дейм? –деди Осмон толкундана жылмайып.

Осмондун оюн эми түшүнгөн кыз:

-Меники да тук… тук…, -деди жигитке жалжылдай карап.

-Экөөбүдүкө тең түк… түк… турбайбы ээ? –деди, Осмондун толкунданганы күчөп.

-Да, -деди кыз ого бетер жигитке жадырай карап.

-Эмн үчүн экөөбүздүкү тең минтип түк… түк… деп атат? –деди Осмон кызга астыртан карап.

-«Эмне учун?», «эмне учун?» -деди Оля жүзү албыра Осмондун сөзүн кайталап. –Значит… они нашли друг-друга, -кыз жароокерлене жигитке карады.

Кыздын оюн түшүнсө да, сөзүн түшүнбөгөн түшүнбөгөн Осмон Оля га суроолуу тигилди.

-Жаль, что ты очень плохо знаешь русский язык,  а я плохо знаю твой язык, -деди кыз, өкүнө.Анан:

-Мен киргизча начар билет. А сен русча билбейт. Поэтому сен сенге… Сен менге айта албайт, мындай… -кыз оюумду түшүндүбү дегенчелик кылып жигитке жалжылдай карады.

-Муну тилсиз эле түшүнсө болот! –деди Осмондун жүрөгү ого бетер алып учуп. Ушуну айтып жигит оң колу менен кызды аяр кучактады эле, Оля Осмонго дароо ыктап, эмнегедир көзүн жуумп жиберди. Жигит да токтоно албай кетип, кыздын самайы жапкан жүзүнөн аста өөп койду.

-Боже мой! Что я делаю?! Со мной такой первый раз! — деди Оля жүзү ого бетер албыра башын чайкап.

-Эмнени айтып атасың? -деди Осмон кыздын сүйүү толгон көзүнө өзүнүн да сүйүү толгон карактерин кадалтып.

-Мен сени жакшы билбейт… Сен мени жакшы билбейт… А азыр биз как будто давно любим друг друга, -деди Оля, шамалга тийген жалбырактай дирилдеп. – Я не думала, что в один миг все так изменится! – кыз Осмондун жүзүнө ээриндерин жакындатып, акырын өөп койду. Осмон да кызды аймалап ийди.

-Я безумно влюбилась в тебя! – деди кыз, энтиге, жигитти кумарлана аймалап. -Мустангер, ты мой! Ты мой мустангер!

-Күнү-түнү оюмдан кетпей аттың! –деди Осмон да энтиге кызды өпкүлөп.

Экөө көпкө чейин кумарлана аймалашып атышты.

***

Күн шашке болуп калган ченде Караколдогу медпункттун алдына уезддин нчальнигинин трашманкеси келип токтоду. Уезддин начальниги трашманкеден түшүп, жардамчысынын коштоосунда медпункттун босогосун аттады.

Кабинетте ах халат кийинген Клавдия лабароториялык анализдерди текшерип олтурган. Уезддин начальниги кирип келгенде Клавдия ишин токтото салды.

-Добрый день, Клавдия Сергеевна, -деди начальник күлүңдөп.

-День добрый, -деди Клавдия башын ийкеп.

-Не ожидали? –деди да начальник орундукту өзүнө жакын жылдырып олтура кетти.

-Честно говоря, нет, -деди Клавдия чын ниетинен.

-Клавдия Сергеевна, вы прекарсно знаете, что в этих краях жены местного населения практически не знают акушеров. Они обычно рожают на месте. Отсюда большая смертность самих рожениц и новорожденных. Учитывая это положение, я решил, в ближайшее время отправить вас на экспедицию в горные аилы, -деди уезддин нчальниги келген максатын түшүндүрүп. –Надо провести агитационно-просветительскую работу среди женщин, а также профилактику беременных. Вы не против?

-Нет, -деди Клавдия, анан кыйыла, -но, вы наверное слышали, что случилось с нашей старшей дочерью?

-В курсе дело, -деди начальник. Но, видите ли, люди же бывают разные. Кто-то не может обуздать свои природные инстинкты, а кто-то наоборот  поступает согласно правилам морали и нравственности. Даже среди цивилизованных европейцев насилие не редкость. А в основном киргизы – народ благородный. Поэтому табунщик спас вашу дочь. А за свои дети не переживайте, мы будем присматривать. Я вам даю слово.

-Хорошо, -деди Клавдия.

***

Таң эртең менен. Иван Никифоровдордун короосунда атка чегилген арабанын эки токулгалуу ат байланып турду. Аңгыча үй тараптан жылуу кийинишкен Иван менен Клавдия, алардын соңунан Антон чыкты түйүнчөк-үйүнчөктөрдү көтөрүшүп.

-Папа, когда вернетесь? – деди Антон, аттардын бирөөнүн ээрине эки түйүнчөктү арта сала байлап аткан атасына жардамдашып атып.

-Через три-четыре дня, наверное, -деди Иван. Смотри, Антоша, по вечерам не забудьте закрывать ворота на засовы.

-Хорошо, папа, -деди Антон башын ийкегилеп.

Ошол убакта короонун сыртына атчан Акылбек келип калды.

-Иван Алексеевич, вы уже готовы? А то скоро солнце встает. А нам далеко ехать, -деди кашаанын сыртынан короого кирбей туруп.

-Мы готовы, -деди Иван.

Аңгыча үйдөн одеало жамынган Оля чыга калды. Уйкулуу көзү менен Акылбеккке  баш ийкегилеп учурашты да, ата-энеси менен коштошту. 

Иван менен Клавдия аттарын миништи да, балдары менен коштошушуп, короонун сыртына чыгышты. Андан соң Акылбек болуп үчөө жол жүрүп кетишти.

Антон менен Оля узатып кала беришти.

***

Түш ооп калган мезгил болчу.  Атын кара терге түшүргөн, атына дагы бир ат коштогон кыргыз жигит медпункттун алдына чапкылаган бойдон келип,  ыргып түштү да  имараттын ичине чуркап кирип кетти. 

***

Кабинетте Клавдия менен Оля отурушкан. Жигит шашкалактап кирип эле, эки орус аялзатын көрүп эмне дээрин билбей айласы кетип туруп калды. 

-Ущул жерде доктур бар дешти беле? – деди кимге кайрылаарын билбеген жигит. 

-Мен доктур, — деди Клавдия.

Муну укканда жигит аябай сүйүнүп кетти.

-Айланайын доктур!.. – деди жигит шаша буша сүйлөп. – Аялым толготуп, эки күндөн бери төрөй албай жатат. Абал өтө кыйын! Жардам бериңиз! 

-Алыс жакта,? – деди Клавдия.

— Алыс эле, Кең-Суунун ичинде. Бирок бат эле жетебиз. Ат коштой келдим, — деди жалооруй. 

-Мен жалгыз барбайт, — деди Клавдия ордунан туруп атып.

-Ким барат сиз менен кошо, бул кызбы? – деди жигит Оляны көрсөтүп.

— Жок, жубайым, — деп Клавдия даярдана баштады. Оля апасына жардамдашып ийди.

-Жубайыңыз кайда, мен алып келе коеюн, — деди шашкалактаган жигит. 

-Биз менен чогуу кетет,— деди Клавдия. — Тунге чейин келебизби? 

-Кечке жуук араң жетебиз. Эртең жарыкта кайтып келесиңер, — деди жигит жүрөксүнүп. 

— Оля, ты пока оставайся тут. Я пошлю за тобой Антона, вечером  незабудьте закрывать ворота на засовы. Будь осторожно доченька. Чуть что, сразу зови людей на помощь. Хорошо? – деди Клавдия Оляны чекесинен өөп.

-Не безспокойтесь мама, — деди Оля апасын кучактап. 

Кызыл крест салынган төрт чарчы булгаары сумкасын көтөрүп, халатынын үстүнөн жеңил плащ кийген Клавдия тиги жигит менен сыртка чыкты. 

Клавдия менен  кыргыз жигит атка минишип узап кеткиче Оля аларды терезеден карап турду да, медпункттун эшигин ичинен илип алды. 

***

Бир аздан кийин Иван, Клавдия анан баягы кыргыз атчан жигит Караколдон чыгышып, талааны аралап кеткен жол менен желдирип баратышты Кең-Сууну көздөй. 

***

Арадан бир-эки саатча убакыт өткөн. Оля кабинетте китеп окуп отурган. Аңгыча медпункттун эшиги тыкылдады. Оля селт эте түшүп, ордунан тура калып, терезеге барды. Парданы кыңайтып ача акырын сыртты карады. Медпункттун эшигинин алдында Григорий турган. Кыз бир аз кыжаалат боло түштү да, анан барып эшикти ачты.

-Здравствуйте Ольгя Ивановна, — деди чөгүңкү көңүлүн жашыра. 

-Заходите, пройдите, — деди Оля. 

-А где Клавдия Ивановна, -деди Григорий.

-Вы к маме? – деп Оля эмнегедир кубанып кетти.

-Собственно говоря да. У нас один солдат поранил себя ноги. Кровоточит, — деди Григорий.

-Ее нету. Она уехала в горы. Принимать роды. Если что, я тоже могу помочь, — деп Оля крест бастырылган таар баштыгына керектүү нерселерди сала баштады. 

-Григорий Михайлович, вы сами пришли? Могли бы отправить кого-то из солдат, — кыз жигитти карабай суроо узатты. 

-Да, мог конечно. Но... Мне очень хотелось  видеть вас, — деди Григорий кандайдыр кусалуу үн менен.

Оля жигиттин сөзүн укпамышка салып койду да керектүү нерселерин таар сумкесине тез –тезден сала коюп:

-Я готова, — деди. 

Григорий менен Оля медпункттан сыртка чыгышты. Оля медпункттун эшигин жапкан соң, Григорий атын жетелеп, экөө таш жол менен горнизонду көздөй басышты. 

-Вечером вы будете одни? – деди Григорий жолдо келатып.

-Да, а что? – деди Оля.

-А вечером к вам можно прийти в гости, — деди Григорий аяр сөз узатып. 

-Можно конечно, — деп кыз сөзүнүн ары жагын  толук айтпай.  

Григорий кубанып кетти:

— Тогда я обьязательно приду!— деди. 

-Но меня застанете дома.

-Почему?— деп Григорийдин өңү бузула түштү.

-Я... пойду сторожить табун, — деди Оля.

-Какой табун? Чей табун? – деди Григорий дароо көңүлү чөгө.

-Это вам не зачем знать Григорий Михайлович, — деди Оля күлүмсүрөп. – Это моя тайна.

-Догадываюсь... догадываюсь, — деди шагы сынган Григорий көңүлү чөгүп түнөрө. Анан экөө тең унчукпай калышты. Тек гана таш жолду такылдата баскан аттын туягынын үнү угулуп турду, бир далайга чейин. 

-Вы знаете, капитана Кассия Кольхауна? – деди Оля капысынан ыңгайсыз абалды бузуп, Григорийге сынай тигилип. 

— “Всадник без головы”? – деди кыздын суроосуна анча маани бербей. 

-Да. Он такой мерзавец, — деди Оля бир нерсе айткысы келип. 

-Что вы хотите этим сказать? – деди Григорий көңүлү дагы эле көтөрүлбөй. 

-Ничего, — деди Оля бир аз тарткынчыктай. Анан акырын кыйытты: — Кажется вы тоже капитан... 

— Я не мерзавец!.. И не Касси Кольхаун, — деди кыздын сөзү катуу тийген Григорий кабагын чытып.

-Григорий Михайлович, ради бога... Я не специально... Я ни этого хотела сказать... Я не хотела вас обидеть. Я сейчас  просто перечитиваю Майн Рида... – кыз эмне деп актанаарын билбей калды. 

— Хороший у вас сравнение, — деди Григорий көңүлү ого бетер чөгүп.

— Григорий Михайлович, я думаю  наоборот, что, вы благородный человек, — деди Оля жалбарыңкы өзүн өтө ыңгайсыз сезе. 

-Не переживайте Ольга Ивановна, я его не подстрелю, и не вызову на дуэл, — деди Григорий ого бетер түнөрө. – Просто обидно...

-Что обидно?— деди Оля кабатырлана. 

-Ну... это... уже моя тайна, — деди Григорий улутунуп алды. Экөөнүн ортосунда кайрадан жымжырттык өкүм сүрүп калды.

Кыз эрдин тиштеп бутунун башын тиктеп, унчукпай басып баратты. 

Жолду бойлой тигилген теректер гана сыдырым соккон желге ыргалып турушту.   

***

Григорй менен Оля бак аралап унчукпай кетип баратышкан. Капысынан туура көчөдөн атын таскактаткан баягы казак орус көрүндү, жанындагы шериги менен. Тигил экөөнү көрүп, өңү бузула түштү анын. Токтой калды да, шеригине кете бер дегенчелик кылып  белги берип, өзү Григорий менен Оляны акмалап кетип баратты жүзү кубарып, тарамыштары көрүнгөнгө чейин жаагы түйүлүп. 

***

Оля киргенде  жараланган солдат лазареттин ээн палатасында жалгыз жаткан. 

Оля кирип келип эле колун жууп жиберип, солдаттын бутун спирт менен сүрө салып таңып ийди. 

-Сестра как вас зовут?-деди солдат Оляны жактыра карап.

-Ольга Ивановна, — деди Оля күлүмсүрөп.

-Можно  познакомиться с вами по ближе? – деди солдат кызды ого  бетер жактыра.

-Нет я занята, — деди да Оля күлүп анан: — Завтра врач сама посмотрить, а пока полежите, до свидение.

Солдат узата карап кала берди.

***

Кыз лазареттен чыкканда эшиктин алдында баягы казак орус турган болчу байырлап. Атынын ээр токумун оңдомуш этип. 

-День добрый Ольга Ивановна, — деди казак орус кызга баш ийкеп. 

-Добрый день,-деди Оля ичинен жактырбаса да анысын  билгизбей.

-Не бось к больному пришли, — деди казак орус.

— Да, — деди Оля баш ийкеп. Анан кыз казак орустун жанынан өтүп жолуна түшмөкчү болгондо тигил сөз узатып калды:

— Я видел вас... 

— С кем? – деп кыз чоочуп кетти адегенде.

— С Григорием Михайловичем, — деди казак орус жактырбай. – Вы шли вместе по дороге.

— Аа... да... Гриша за мной заехал, — деп көзүн ойноктотуп койду тигини ого бетер кызгантыш үчүн атайлап жанына барып. 

— Гриша говорите? – деди казак орус таңдана ындыны өчө.

-Что вы удивляетесь, — деди Оля күлүп казак орустун кызганганынан  улам ого бетер кошул ташыл кылып. 

— Вы... того...— деди казак орус кабагына кар жаап. 

— Чаво? — деди Оля атайлап. – Хотите сказать что, он любить меня?

Казак орус түнөргөн бойдон Олянын оозун карап турду.

-Вы же  сами заметили, что  ваш капитан с первого дня по мне неравнодушен, — деди Оля. 

— Он не наш капитан, мы казахи, у нас свой атаман. Мы просто, временно  переданы в его распоряжение. 

— Порфирий Петрович, я же такие тонкости не понимаю, знаю только одно, что, вы люди военные, а он ваш старшой, — деди Оля ийнин куушуруп. – Только пожалуйста, вы не показывайте вид что, вы тоже ко мне ровно дышите. А то как старший офицер он может наказать вас, -  кыз эки жагын карамыш этип, шыбырап койду. 

Казак орустун кабагы ого бетер бүркөлдү.

-Ну, до свидение Порфирий Петрович, — Оля казак оруска баш ийкей жүгүнүп коюп, күлө бага басып кетти андан ары.  

Кыз бир аз узагандан кийин казак орус ачуусун атынан чыгарды – бечера мингичин жөндөн жөн эле камчы менен соорго басып-басып калды. Ат ары ойдолоп, бери ойдолоп чылбырынан бошонуп кете албай турду. 

***

Ошол күндүн кечи. Никифоровдордун үйү. Оля менен Антон тамак ичип отурушту. 

-Антоша, ты можешь оставаться на ночь один? Не боишься?-деп сурады Оля Антондон тамак ууртап атып. 

— Ты не будешь ночевать дома? – деди Антон таң калып. 

-Пока нет родителей, я бы хотела сторожить табун, — деди Антондон өтүнүч кыла. 

— Что, твой мустангер сам пригласил? – деди нан тиштеп жатып көзүн жүлжүйтүп. 

— Ну да... – деди Оля сөзүн чаргытып. 

— Хорошо, иди, — деди Антон, чоң кишиден бетер токтоо, — А я буду спать.

-Спасибо тебе! – Оля кубанып кетти да инисинин бетинен чоп эткизе өөп койду. 

***

Түн. Кең-Суудагы айылдын ичиндеги боз үйдүн биринде жаш келин алабакан кармап, кара терге түшүп, шайы ооп отурду. Тегерегинде үрпөйгөн-үрпөйгөн бир нече аял чебелектешип,  эмне кылаарын билбей атышты. 

-Эмне кечигип атышат? – деди  сулуучумагынан келген аял тынчы кетип.

-Доктурдун колу бошобой атабы, же тил албай койдубу?— деди төрдө отурган салабаттуу байбиче. Анан бир саамга тунжурай түштү. 

Аңгыча эшиктен ит ажылдап үрүп ийди. 

-Келишти, — деп сулуучумак аял боз үйдөн эшикке атып чыкты. 

Толготуп аткан келиндин эч нерсеге дарманы келбей калган мезгил болчу. Кара тер  баскан жүзүн дароо көтөрүп, боз үйдүн эшигин тиктеди. Дал ошол учурда Клавдия боз үйдүн босогосун аттады. 

*** 

Кемегедеги оттун жарыгында боз үй тарапка кулак түрүп олтурушту Иван менен толготкон келиндин күйөөсү. Боз үйдөн баягы сулуучумак аял чыга калып, тигил экөөнү көздөй дегдеңдей басты. Ошол маалда боз үй тараптан ымыркайдын ыңаалаган үнү  угулду тигилерге. 

-Ай, уул сүйүнчү! Сүйүнчү!— деди сүйүнгөнүнөн оозуна башка сөз кирбей.  

— Аманбы аялым? – деди жигит  жүрөксүнө.

-Аман!.. Аман!.. Эркек төрөдү! – деди аял кубанычы койнуна батпай. 

— Болсун жеңе... болсун. Сүйүнчүңүзгө бир ирик, — деп жигит кубанганынан көзүнөн жаш чыга түшкөнүн баамдады Иван оттун жарыгында. 

-Энеси да, баласы да аман экен, уулумдун аты Аман болсун! – деп ийди жигит жеңесине карап ордунан тура калып. 

-Мейли уул, мейли. Уул сеники, бүлөө сеники, — деди сулуучумак аял. 

-Ай, Кубандык, алдагы байланып турган серкени бери алып кел, аксарбашыл айтканы, — деди жигит нараакта ат жайдактап аткан уланга.  Анан  Иванга  кайрылып:

-Рахмат силерге, акжолтой экенсиңер! Өмүр бою ушул жакшылыгыңарды унутпайм! – деди үнү каргылдана.

— Эч нерсе эмес, Элтуйбас, — деди Иван  жигитти далысынан таптап. – Эжеңдин кызматы ушундай. 

-Жакшы кызмат экен. Муну эркек киши да үйрөнсө болобу? – деди сүйүнүчү койнуна батпай турган Элтуйбас. 

— Болот. Клавдия эжең Санкт-Петербургда окуган, — деди Иван башын ийкеп. 

— Мен да  уулум Аман аман-эсен чоңойсо Петербургдан окутам!— деди Элтуйбас муштумун түйүп.

— Сөзсүз, сөзсүз!.. — деди Иван бир чети аны шыкактап, бир чети кошо кубанып. 

 Ошол маалда Кубандык серкени жетелеп тигилердин алдына келип калды. 

-Оо Кудай, аксарбашылыңа! Оо Кудай аксарбашылыңа!.. – деп Элтуйбас алаканын жайып бата кылып жиберди. 

***

Боз үйдүн ичинде жаңы эле төрөп, жаны жай ала түшкөн келин кызыл эт уулун төшүн аймалатып, магдырап жатты. Жанында эне баланы кубана тиктеп, чарчаган Клавдия отурду, бир азга эс алып. 

*** 

Кемегеге казан асылып, союлган серкенин эти кайнап калган мезгил болчу. Капысынан боз үйдүн жанында жаткан ит ажылдап үрүп жиберди. Айдын жарыгында атчан киши көрүндү, жакындап келаткан. 

-Аа, Яков Свердлин турбайбы? – деди Элтуйбас дароо тааный. 

-Яков Свердлин?— деп таң кала түштү Иван.

-Ооба, бул бизге дайыма келип турат, — деп Элтуйбас утурлай басты Свердлинди.

-Атынан түшүп, оттун жанына келген Яков, Иванды көрүп чоочуп кетти:

— Какими судьбами? – деди Яков сыры ачылган кишиче ыңгайсыздана Иванга суроо узатып.

-У Элтуйбаса жена рожала, — деди Иван кыскача жооп кылып. – А вы какими судьбами?

-Я их просвещаю, — деди Яков негедир жалтактап. Туурабы Элтуйбас? 

-Туура Жакып, туура,— деди ары жактан Элтуйбас бери басып келаткан. Анан  от ичкериштирип калды.

— Вы каком смысле просвещаете Яков Исаевич? – деди Иван сынай. 

— В прямом, и переносном  смысле слово, — деди Яков кытмыр күлүп. 

— Понятно, — деди Иван. – Рассказываете о восстание Спартака? – кер какшык узатып койду тигиге. 

— И про Спартака... И про... – деп уурусун карматкан кишиче сөз табалбай калды Яков. 

-...1905 года? – деди Иван тигинин сөзүн улап. 

— Вы как тайный агент, — эми Яков какшык жылдырып. 

— Яков Исаевич, я не лазутчик, и меня нельзя купить! – деди Иван тырчып. 

— А кто собирается вас купить Иван Алексеевич, — деди Яков тамашага чалымыш этип. – Если мое появление вызывает вас аллергию, то я могу уходить,— Свердлин ордунан турду. 

— Жакып сен кайда? Тамак ичип кет, — деди Элтуйбас чебелектеп.

— Жок, жок Элтуйбас, Иван Алексеевич “мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт” болуп атат. Мен башкалардыкына барып токтоюн, — деп Яков атын көздөй басты. 

— Вы оказывается большой ребенок, — деди Иван Яковдун артынан сөз узата. 

— Бекер кыласың Жакып, тамак ичип кетсең болмок, — деди бушайман болуп Яковду атын көздөй узатып бараткан Элтуйбас. 

— Биз бири-бирибизди таанышкандан бери эле жактырбайбыз, — деди Яков. – Анан экөөбүз тултуюшуп эки жакты карап отурсак, сага жакшыбы? Андан көрө Иван Алексеевичти конок кыла бер. Эртең сүйлөшөбүз, Койчуман үйүндөбү? 

— Ооба, — деди Элтуйбас.

— Бүгүн ошонукуна чогулабыз, — деди Яков. 

Иван тигилерди узата карап отурган. Свердин атка минээрдин алдында канжыгасындагы куржундан бир нерсе алып, Элтуйбаска бергенин көрдү, айдын жарыгында.  Анан эмнегедир экөө баштарын тийгизишип шектүү  шыбыраша түшүштү да Свердлин атына минип андан ары бастырып кетти.  Элтуйбас Яков берген нерсени кармап, үйү тарапка жөнөдү.

Ошол маалда Ивандын жанына Клавдия келип, оттун боюна отура кетти. 

-Все нормально, — деди Клавдия ичинен ыраазы боло.

-Я знаю милая, — деп Иван Клавдияны өзүнө тарта кысып, үстүндөгү кийимин оңдоп койду.

— Кто он? – деди Свердин тарапка башын жаңсап.

-Яков Исаевич.

-Свердлин? – Клавдия таң кала түштү.— Что тут он делает? 

-Не знаю,— деди Иван ийнин куушуруп, отту тиктеп. – Просвещаю говорить людей.

-Просвещает? – деди Клавдия кабатырлана.

-Да. Он оказывается прекрасно говорить  по киргизки, и всех тут знает,— Иван ойлонуп калды.

-Может быть он большевик? – деди Клавдия бир нерсе эсине түшүп. 

— Не знаю дорогая. На лбу не написано, но что, он приехал сюда не с проста, это дураку понянтно, — деди Иван ойго бата.

— Видимо он из тех кто сеет смуту  среди местного население?-  деди Клавдия шектене. 

-Возможно, — деди Иван башын ийкеп тунжурай. -Значит дело Лойцнера живет и процветает,

-А как нам узнать, чем он тут занимается? – деди Клавдия бушайман боло. 

-Очень просто. Сейчас вернется Элтуйбас, и мы попросим его, чтобы он отвел нас туда где останавился Свердлин. Но не сразу, а по позже, тогда и увидем чем он занимается,— Иван айтып оозун жыйгыча эле Элтуйбас кайтып келип калды. 

-Элтуйбас, — деди Клавдия,— Свердлин эмне кылат бул жерде?

— Свердлин өтө жакшы адам, — деп Элтуйбас мактап кирди.— Баарыбызга тамга таанытты. Окутту. Көп нерселерди айтып берет. Китеп берет бизге. Жаны тынбай эле жайдыр-кыштыр кыдырып жүрөт кыргыздарды.

Элтуйбастын сөзүн укканда Иван менен Клавдия чын турбайбы дегенчелик кылышып, бири-бирин тиктеп калышты. 

-Кандай китеп? – деди Клавдия.

-Мынакей, — Элтуйбас койнунан китеп алып чыгып, Клавдияга узатты. – Бүгүн алып келиптир. 

Клавдия китепти колуна алып, оттун жарыгында мукабасын карады да Александр Сергеевич Пушкин, “Евгений Онегин” деген жазууну окуду. 

-Пушкинди окуйсузбу? – деди Клавдия бир чети шектенгенин бир чети таң калганын билгизгиси келбей. 

-Ии, аны да  окуйбуз, — деди Элтуйбас күлө бага. – Тишибиз өтпөйт десек да болбой окугула деп атат. 

Иван менен Клавдия эч нерсеге түшүнүшпөй бири-бирин карап коюшту. 

-Азыр тиякта эмне кылып атат?-Клавдия жөн эле сурагандай түр көрсөттү.

-Азыр Койчумандыкына элди чогулттуруп Манас айттырып атат Чоюкеге. Андан көрө биз да барып укпайлыбы. Чоюке зор жомокчу,— деди Элтуйбас. 

-Манас это самый величайший эпос киргизов. Это великая эпопея,— деди Иван Клавдияга түшүндүрүп ийди. – А жомокчу сказитель Манаса. 

-Конечно, очень интересно будет если мы послушаем живого сказителя.

-Мейли, угалы,— деди Клавдия ордунан туруп. 

Үчөө айылды аралай басышты. 

***

Койчумандын боз үйүнө жакындаганда эле Чоюкенин коңур мукам үнүн  угушту тигил үчөө. Боз үйдүн үзүк туурдугу, кереге уугуна чейин жылаңачтанып айылдын эли жаш карысы дебей, Чоюкени* угуп атышкан болчу. Кээси жөө, кээси атчан эле. 

(*Чоюке -  улуу манасчы.)

Чоюке төрдө экен, Манас айтып. Алдында бир кесе кымыз. Жанында Свердлин. Андан соң айылдын карыялары кыркар тартып отурушуптур. Очокто от алоолонуп, Чоюкенин да элдин да жүзүнө жарык түшүп туруптур.

Иван, Клавдия анан Элтуйбас элдин катарына келип, жүйүртө басып, керегенин арасынан Чоюкени тиктеп, Манаска кулак төшөштү. 

Клавдия эки жагын караса угуп аткандардын көпчүлүгү көздөрүнө жаш алып отурушуптур. 

-Эмне үчүн эл ыйлайт? – деди Клавдия Элтуйбаска кайрылып.

-Кара кытайдын ханы Алооке, кыргызды чаап, кыргыздар туш-тушка тентип атышат,— деди Элтуйбастын тамагы буула. 

Клавдия ээрдин кесе тиштеди, башын ийкегилеп.

Ошол учурда, эмнегедир Свердлин башын көтөрүп, Никифоровдор тарапты карады. Яков менен Клавдиянын көздөрү чагылыша түштү. Свердлин мыйыгынан күлүп, башын чайкап отурду. 

***

 Күн төбөдө. Ысык-Көл тынч гана мемиреп жаткан. Жээктен алда-канча алыс, көлдүн үстүндө эки караан сууда сүзүп жүрүштү. Алар Осмон менен Ольга болчу.  Бирде көлгө чумкуп кетип ойношуп, бирде кумарлана аймалаша калган кыз жигит бир аздан соң жээкти көздөй сүзүп жөнөштү.

Жээкке жетип, кумдун үстүндө жазуулары бар жерге кыналыша жата кетишти. 

-Кана, бул эмне эле? – деди Осмон кумдун үстүндөгү жазууну эжелеп окуй баштады. – “Ата-папа, Отец. Апа-мама, мать”

Оля бырс күлүп ийди: 

-Мат эмес, мать...

-Мать,— деди Осмон кызды туурап. 

-Молодец! — деп Оля  Осмонду чоп эткизе өөп койду. – Ты очень способный ученик.

-Сен эмне деди? – Осмон тамаша аралаш күлдү. 

— Мен сени мактады. Сени эн жакшы окуучу, — деди Оля кыткылыктап.

-Жакшы мугалимдин окуучусу да жакшы болот да, — деди Осмон тамашасын улантып. 

— Рахмат-спасибо!— деди кыз кылыктана бетин тосуп. 

Осмон Олянын бетинен кумардана өптү. Анан, Олянын көзүнө тигилип:-Сүйүү кандай айтылат?

-Суйуу... Суйуу... Любовь,— деп Оля кумдун үстүнө жаза салды. 

-Любовь, -— деди Осмон кайталап. – Любовь, сонун сөз экен. А сүйөм дегенчи?

— Люблю, — деди Оля Осмонго наздана карап. Анан кумдун үстүнө “люблю” деп жазып койду. 

— Люблю,— деди Осмон Олянын сөзүн кайталап. Анан кызды карап: — Оля, мен сени... люблю!- 

— Осмон, мен сени сүйөт!— деди кыз да  өрөпкүй.

Анан экөө кумдун үстүнө бири-бирин карап чөк түшө калышып, колдорун кармаша:

-Люблю, сүйөм, люблю, сүйөм,— деп бир нече кайталап ийишти. 

Өрөпкүгөн Осмон Оляны көтөрө ала коюп, тегерете баштады. Чексиз бакытка бөлөнгөн кыз башын чалкалатып, көгөргөн асманды анда-санда каалгып бараткан апакай булуттарды суктана карап, жыргап күлүп атты. 

*** 

Күн төбөдөн бир аз эңкейип калган. Кыз-жигит дагы эле көлдүн жээгинде эле. Кумдун үстүнө отуруп алып, Оля Осмонго “Всадник без головыны”  барактап көрсөтүп атып. 

-Вот, Морис Мустангер, -деди Мустангердин сүрөтүн көрсөтүп. 

— А бул ким? – деди Осмон Луиза Поиндекстерди көрсөтүп.

-Сага окшош экен.

-Луиза Поиндекстер, — деди Оля Осмонго жылмая. – Морис Мустангер экоо суйушот.

-Экөөбүздөй турбайбы, — деди Осмон Оляны кучактап.

-Да, — деди Оля Осмондун төшүнө башын коюп.

-А булчу? – Осмон кийинки сүрөттү көрсөттү.

-Капитан Касси Колхаун, Морис экөө кыз талашат, — деди негедир алда нени ойлоп. 

-Биздин капитан ким? – деди Осмон алаканын жайып.

— Бар бирөө, — деди Оля мурунку калыбында.

— Бар дейсиңби? – Осмон таң кала түштү.

-Да, -деди Оля башын ийкеп. 

-Мен билемби? – деди Осмон бүшүркөп.

— Нет,— деди кыз башын чайкап.

— А Луиза кимисин сүйөт? – деди Осмон Оляга тигиле.

— Мустангера, — деп кыз Осмонго ыктап койду.

Осмон да кызды өзүнө кыса бетинен аймалап ийди. 

-Тезирээк үйрөтчү мага орусчаны, мынабу китепти аябай окугум келип, чыдамым кетип атат, — деди Осмон ээрди кыздын жүзүн аймалап атып. 

— Научу любимый! Обьязательно научу! – деди уландын ысык ээринине ээриген кыз Осмонду сылагылап. 

***  

Күн төбөдөн оогондо кыз-жигит аттарын текиреңдетишип, көлдөн узап чыгышып, Караколду көздөй кетип баратышты. 

Оля да, Осмон да чексиз бактылуу эле. 

***  

Кечке жуук. Осмон жылкыларын көлдүн боюндагы түзөңдө турган боз үйүн көздөй сабалап кууп бараткан болчу. Аңгыча Осмон кайдан-жайдан экени белгисиз тосулган кыл арканга көкүрөгү менен согула түшүп, аттын үстүнөн жерди көздөй ыргыды. Осмон жерге жыгылаары менен эле кайра атып туруп, туш-тушунан тегеректеген аттардын курчоосунда калганын билди.

-Жолгушутукпу, ушинтип, “баатыр?!” –деген кекээрелеген Кабылдын үнүн укту Осмон, төбө жагынан. Жылкычы жигит атчандарды кыдырата карады. Кабыл менен Касымдан башка дагы беш-алты улан Осмонду көкбөрү тартып кетчүдөн бетер октос беришип, демитип турушкан. 

-Эй, Кабыл, жекекме-жеке чык, аялдан бетер башкалардын этегине жамынбай! – деди Осмон Кабылга жалтанбай тик карап. Осмондун сөзү намасына катуу тийген Кабыл жылкычы жигитти тебелетип кетүүгө даяр турушкан жанжөкөрлөрүн колун жаңсап токтотту да:

-Чыгам! –деп атынан ыргып түштү.

Эки жигит – Осмон менен Кабыл бел курчоолоруна чейин чечинип ийишип, бири-бирин тооруп калышты. Атчандар артты көздөй жаралы беришип, баары бир сапка тизилишип, тиги экөөнө көз чаптырып турушту.

Бир аз тоорушкан соң эки улан бири-бирин качырып сала беришти да, коюн-колтук алышып калышты. Ары сүрүшүп, бери сүрүшүп, экөө ит жыгылыш болуп атышты. Атчан жигиттер ансайын экөөнү сүрөшүп, улам-улам айгай салып турушту.

Эки уландын айгышкан жекеме-жекеси бир кыйлага созулду. Оңой менен бири-бирин жеңе алышаар  түрлөүр жок эле. Атчан уландардын көздөрү жетип турушту экөөнүн күчү бирдей экенине.

Далайга чейин кармашып, жеңише албай коюшкан соң биринчи болуп Кабыл токтоду.

-Эр экенсиң! Баа бердим! –деди ал демиге Осмонго чын ниетинен.

-Сага да баа бердим! –деди күйүккөн Осмон, Кабылдын жигитчилигине ыраазы болуп.

-Эр чекишпей-бекишпейт, дейт, -деди Кабыл Осмонго колун сунуп. –Курбу болуп жүрөлү!

-Осмон Кабылдын колун кыса кармады. Мындайды күтүшпөгөн атчандардын ооздору ачылып калды. Кабыл шарт эте атынын жалын тартып мингенден кийин Касым:

-Кабыл, бул эмне кылганың?! Эси-көөнүнөн кеткис кылабыз дебедиң беле?! –деди нааразы боло.

-Менде да намыс бар! Мен жигитмин! –деди Кабыл, жаагы таштай түйүлүп. Анан атын теминди да, жерде жаткан кийимин эңип алып, атын теминип жөнөп берди. Жанжөкөрлөрү да артынан коштой чаап кетишти.

Осмон тигилери узата карап турду да, анан кийимин алып обочодо окуранып турган атына басып барып, ыргып минип, кетип бараткан жылкысын көздөй чапты.

***

Күн шашке. Ак-Суу капчыгайынын ичи. Капчыгайдын эки тарабында бой тиреген жапжашыл карагайлар көздүн жоосун алат. Түркүн гүлдөр, белден келген чөп, таштан-ташка урунуп аккан көк кашка суу, кыскасы айтып туюнткус ажайып сулуу табият. Капчыгай бүткөн жерде чокусун аппак мөңгү баскан кыдыракей тоолор.

Супсулуу табият жаркырап тийген күндүн еуруна мемиреп жатты.

Осмон менен Ольга аттарын жарыштыра капчыгайдын оозунда баратышкан.

-Какая красота!— деди Оля эки жагын суктана карап.

-Ак-Суу капчыгайы ушул –деди көңүлү шат Осмон.

-Ак-Суу капчыгайы, -деди Оля Осмондун сөзүн кайталап. –Ничего подобного я еще не видела!

-Киргизча суйлё, а то мен тушунбёйт, -деди Осмон кызга тийише, тамашалай.

-А сен русча качан уйрёнёт? –деди Оля жигитке карап, жылмая.

-Харашо, харашо, мына... – Осмон каткырып күлүп ийди. Оля кошо күлдү, жыргап. 

Жадырап күлүп аткан кызды жигит ээринен эңкейе түшүп, бетинен өөп койду. Кыз жигитке наздана карады. Анан экөө аттарын теминишти.

Атчан кыз-жигит көк кашка сууну бойлоп далай жерге чейин барышты. 

Жайык жерге токтошуп, аттарынан түшүшүп, отко коюшту да, көк шибердин үстүнө, шаркырап аккан суунун боюна кучакташып жата кетишти.

Осмондун делебеси козголуп, Оляны бетинен, төшүнөн аймалап, көйнөгүнүн бүчүсүн чечип кирди. Анан кыздын аппак балтырынан тартып жоон санына чейин көйнөгүн да түрүп жиберди. Кыз да Осмонду өпкүлөп, баарына даяр эле. Осмон эркине алы жетпей, а кыз көзүн жуумп жигитке акршылык көрсөтпөй суналып жатты. Осмон өзүнүн үстүндөгү көйнөгүн чечип ыргытып, шымынын белбоосун шаша-буша чеч баштады да, анан капысынан тык токтоду.

-Жок!.. Жок!.. – деди Осмон энтигип, анан белбоосун кайра байлап жиберди.

-Сенге эмне болду? –деди Оля Осмонду наздана сылагылап.

-Минткен болбойт, -деди Осмон башын чайкагылап.

-Почему? –деди кыз, илеби сууп.

-Сен кызсың. Кыз бойдон киришиң керек., көшөгөнүн артына. Эмитен сени бузуп койсом -  кийин уят болуп каласың, -деди Осмон, кызды алкымынан аста жыттагылап.

-Бизде на это никто не обращает внимание, — деди, жигиттин илеьине мас болуп турган кыз.

-Кыргыздарда андай эмес, -деди Осмон. –Таарынба, жаным, -жигит күнөөлүдөй кызды дагы жыттагалап койду.

Андан соң кыз-жигит чалкаларынан жатып катарлаша жатышып, көгөргөн асманды, тарам-тарам болуп кайдадыр көчүп жаткан апакай булуттарга суктана көз жиберишип, үнсүз мелтирешти бир саамга.

Таштан ташка урунуп агып атакан көк кашка суунун муздак илеби уруп атты экөөнү. Кыз ойго бата:

-Интересно, что скажут твои родители, когда узнают, что ты любишь русскую девушку? –деди.

-Эмне дейсиң? –деди Осмон башын көтөрүп, кызды кайра-кайра сылап.

-Сенин ата апасына русь кыз жагабы деп атам? – Оля Осмонго суроолуу тигилди.

-Баласына жакса эмне үчүн ата-энесине жакпайт экен? – деди Осмон, бирок айтаарын айтып алып, ойлоно түштү. 

— А если... – кыз сөзүн улабай токтоп калды.

-Айт, айт. Гавари, — деди Осмон тамашага чалып.

-Если они будут против... Как я проживу без тебя?! – Олянын көзүнөн жаш кылгыра түштү.

-Сага эмне болду? – деди Осмон үзүлүп түшө. – Жаман ойлобо, мен ата-энемди көндүрөм. 

— Я же христианка. А ты мусульманин... – Олянын көңүлү кадимкидей чөгүп калды.

— Анын эмнеси бар экен?  Сен биздин динге өтүп аласың. Аял кишиге оңой. Башка динге өткөн,— деди Осмон кыздын колун кармалап, көңүлүн жубатуу үчүн. 

-Сенин туугандар каршы болсочу? – деди Оля.

-Каршы болбойт! Тескерисинче мусулман динине баш ийгендер көбөйүшсө, кубанышат да,— деди Осмон, өтө ишенимдүү.

-Чынбы? – деди Оля, үмүттөнө.

— Чын,  чыпачын, чын!— деди ОГсмон, кызды кучактап.

— Все таки,  сен ата-пана айт, что ты любишь меня, макулбу? – деди Оля Осмондун көзүнө тигиле.

— Макул, жаным! Макул!.. Бүгүн эле айтам, -— деди Осмон Оляны  сыга кучактап.

-Значит,  бугун экообуздун тагдырыбыз чечилет экен да,-деди Оля Осмондун кучагынан бошоно ордунан туруп, тээ төмөн жакта көгөрүп жаткан көлдү карады. Осмон да ордунан туруп келип, Оля караган тарапты тиктеди. Экөө кыналыша мелмилдей көгөрүп жаткан көлдү көпкө чейин карап турушту. 

***

Ошол күнү кечинде күн батып бараткан маалда Осмон атасы апасы Ысмайыл менен апасы Кенжекенин маңдайында отурду, боз үйдүн сыртында. Ысмайыл малдашокунуп, чепкенин желбегей жамынып, кеседен кымыз ууртап, уулуна кулак төшөдү. Кенжеке     күйөөсү менен уулуна көөкөрдөн кымыз куюп берип эмне Осмондун эмне дээрин күтүп атты. Осмон мукактана сөзүн баштады:

-Ата...— деди Осмон Ысмайылга тик карай албай. – Силер билесиңер да, тиги Караколго жаңы мугалим келгенин... 

-Ии, билебиз,— деди астыртан Кенжекеге карап. Кенжеке күйөөсүнүн көз карашын дароо түшүнүп, башын билинээр билинбес ийкеп койду. 

-Иван Алекеевич... – Осмон мукактана түшүп, чекесинен чыпылдап тер чыгып кетти, тамагы кургап кеседеги кымызды ууртап ийди шашыла.

Ата-эне баласынын сөзүн күтүп калышты. 

-Ошол Иван Алексеевичтин бойго жеткен кызы бар...-Осмондун оозунан ушул сөздөр зорго чыкты. 

-Аны да билебиз, — деди Ысмайыл.-Экөөң сүйлөшүп жүрөт деп угуп да атабыз. 

Осмон кулагына чейин кызарып кетти. Анан ата-энеси бирдеме деп жибереби деп шашыла:

-Ошол кызга... Үйлөнөм! – деп ийип, башын жерге салып калды. 

Ысмайыл менен Кенжеке бири-бирине карап, баш ийкешип “ушуну күткөнбүз” дегенчелик кылышып, бир саам унчукпай калышты. Ата-эне менен баланын ортосунда оор жымжырттык өкүм сүрдү. Бир аздан кийин жымжырттыкты Осмон бузду кайра:

-Ал жакшы кыз. Биздин динге да баш ийем деп атат. Кыргызча да билет,— деди ата-энесине жалооруй карап.

-Билем, — деди Ысмайыл, үнүн салмактуу чыгарып.

-Биз да сени менен бир топтон бери сүйлөшөлү деп камынып жүрдүк эле, — итире бир саамга токтоло калды атасы. – Колуктуң орус деп аны эч ким жерибейт. 

Осмон уккан кулагына ишене албай турду. 

-Бирок балам, салтты да сакташыбыз керек. Ал жагын кандай кылабыз? – деп Ысмайыл уулуна суроолуу тигилди. 

-Кыргызча салт менен ала берсе болот да, — деп ийди Осмон атасын жалдырай карап. 

-Кеп анда эмес балам, -салмагынан жанбай. – Сенин кудалап койгон колуктуң бар. Өзүң кошо барып, сөйкө салып келбедик беле.

Осмон эмне дээрин билбей турду.

-Бышыкчылыкта алып кетебиз деп, убада берип келбедик беле? –Ысмайыл эмне дейсиң дегенчелик кылып уулуна суроолуу тигилди. – Бышыкчылык да келди, буга  эмне дейсиң? 

Муну укканда Осмондун башы ого бетер жерге кирип, ичи муздай түштү. 

-Калыңын да өткөрүп койгонбуз. “Келиниңерди алып кеткиле” деп айттырып ийиптир кудаларыбыз. 

-Жамбы өтө сулуу кыз, өзүң жакшы билесиң балам, — деди Кенжеке Осмондун көңүлүн көтөрүш үчүн. – Башы бош болсо келин кылып алат дегендер көп экен. 

-Келин кылып алчулар чыгып атса... – деди Осмон мукактанып, — башын бошотуп кое бербейлиби?

-Ок!— деп Кенжеке чоочуп кетти, — Ошондой да болчу беле?! Сөйкө салып, мал-жандын баарын  берип коюп, анан кайра доолайбызбы?! Антсек абийир калабы бизде?! 

Осмондун башы жерге кирип кетчүдөй болуп, эмне деп айтаарын билбей отурду.

Ысмайыл да тунжурап ойлуу эле. Кенжеке гана күйүп-бышып турган. 

Тунжураган абал бир далайга созулуп кетти. 

Осмон болсо дагы эле эмне дээрин билбей, башын жерден көтөрө албай отурду. Уулунун абалы ата энесине эң сонун түшүнүктүү эле. Бирок алардын дагы айласы кетип аткан болчу.

-Ата, — деди бир топтон  кийин Осмон башын өйдө көтөрүп, уясына жакындап бараткан күндү тиктеп. – Оляга үйлөнбөсөм... так өтөм, дүйнөдөн! 

-Кокуй! Ал эмне дегениң уулум?! – деп Кенжекан чоочуп кетти. – Антип айтпа! Ооздон жаңылган жаман болот балам!

— Чын! – деди Осмон көгөрүп, -кызарып батып бараткан күндү тиктеген калыбында.

-Ай балам,— деди Ысмайыл токтоо. – Бизди да ая. Ата-энеңди да ойло. 

-Элге-журтка шерменде кылба да бизди! – деп апасы да безилдеп ийди. 

-Же Оляга үйлөнөм, же дүйнөдөн так өтөм! – деди Осмон ого бетер сөзүнөн кайтпай көгөрө. 

-Ай Осмон... – деди ачуусу келе түшсө да сабыр этип Ысмайыл. – Сага атаңдын намысы кымбатпы, же... – атасы сөзүнүн аягына чыкпай токтоп калды. 

-Менин сөзүм бир ата! – деди Осмон ызасы келип. 

-Бизди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылайын деп турасыңбы кудалардын алдында?! – деди Ысмайыл өзүн токтото албай ачууланып.

— Мен ага шерт бергем! Шертимден кайтпайм! Же болбосо... – Осмондун тамагы буула түшүп, ордунан шарт турду да, мамыда байланып турган атына ыргып минип, талааны аралай чаап кетти.

Шагы сынса да, айласы жок Ысмайыл кызарып батып келаткан күндүн нурунда алыстап бараткан  атчан уулун тиктеп оор улутунуп алды.

-Ушундай болмок, — деди Ысайыл Кенжекеге карап. – Бул бала айтканынан кайтчу түрү жок. 

-Өзүңдү тарткан тура, — деди Кенжеке. – Сен деле  биринчи аялыңды ат менен кууп жүрүп, төркүнүнө жеткирип берип, мени эримден бузуп туруп алып албадың беле. 

-Мен да ошону айтып атам, — деди Ысмайыл аргасы  түгөнө.

-Ошончодон чунак бала мени тартып калганын карабайсыңбы. Эми эмне кылчубуз? 

-Экөөнө тең үйлөнө бербейби, — деди Кенжеке айласы кете.

-Орус кыз ага көнчү беле, — деди Ысмайыл так кесе. – Анын үстүнө уулуң ошого макул болобу? 

-Сүйлөшүп көрөлү да, — деди Кенжеке тээ алыста чаап бараткан уулун  узата карап. 

***

Ата-энесинен узап кеткен бойдон жүзүн капа баскан Осмон карагерин тындырбай талаада кайдадыр чапкылап кетип баратты.  Күүгүм түшүп, караңгы киргенге чейин. 

***  

Эртеси. Медпункт. Клавдия  жергиликтүү элден келген ооруларды көрүп, Оля ага  жардамдашып аткан.  Клавдия  кезектеги сыркоологон кишини жаңы эле көрүп бүткөн.  Сыркоо улам-улам алкышын айтып,  “ыракмат доктур, ыракмат доктур!” деп  сыртка чыга жөнөдү.   Клавдия аны эшиктин алдына чейин  узатып барып, коридорго баш багып:

-Кийинки кириңиз, — деди. 

Клавдия орундугуна жаңы эле келип, көчүк басканда сырттан Осмон кирип келди.

Жигиттин өңү азыңкы эле. 

-Саламатсызбы? – деди Осмон сылык учурашып. 

-Саламатчылык, — деди Клавдия мээримдүү баш ийкеп. – Отуруңуз. Эмнеңиз ооруйт? 

Ошол маалда оорулуулардын жараатын таңуучу бөлмөдөн Оля чыга калды. 

-Он ко мне мама, — деди Оля уялыңкы.  Анан кабатыр боло Осмонго кайрылды: — Ии, сен ооруп калдыбы? 

— Жок, — деди Осмон башын чайкап. – Сага келгем, сүйлөшө турган сөз бар. 

-Жарайт, — деди Оля. Анан жигитке мээримин сала карап  турган апасына:

-Мама, он тот самый... мой мустангер – Осмон.

— Жакшы, -  деди Клавдия баш ийкеп. – Менин атым Клавдия, Олянын мамасы болом. 

— Билем, — деди Осмон уялыңкы. – Сыртыңыздан уккам. 

— Сен чыга бер. Мен азыр чыгам, — деп Оля халатын чече баштады. 

-Жакшы бара кой, — деди Клавдия, өзгөчө бир мээрим менен жигитти карап. 

Осмон чыгып кеткен соң Оля:

-Ну, как тебе мама он? – деди жүзү албырып. 

-Красивый, статный юноша, — деди Клавдия. –Тактичный еще. 

-Все мустангеры такие, — деди Оля жадырай күлүп. – Я не надолго, – кыз халатын, чепчигин чечип, сырткы кийимин  кийип бүтүп, сыртка умтулду.

— Иди, иди, — деди Клавдия жылмая. Оля кабинеттен чыгып кетти. 

Клавдия ордунан туруп, терезеге барды. Медпункттун короосунда Осмон карагерине ыргып минип, Оляны туурасынан алдына өңөрүп, атын текиреңдетип дарбазадан чыгып кеткенге чейин карап турду, кыздын энеси. 

***  

Осмон Оляны карагерине өңөргөн боюнча кетип баратты. 

-Эмне унчукпай атасың? – деди Оля кабагы түйүлгөн Осмонго карап бир аз узагандан кийин. 

-Кечээ кечинде сүйлөштүм ата-энем менен, — деди Осмон улутуна. 

-Понятно,— деди эмеле жадырап турган кыздын кабагы бүркөлө. – Значит алар каршы. 

-Эсиңдеби? – деди Осмон тунжурай, — биз алгачкы жолу жолугушканыбыз? Арабаңар көлгө түшкөндөчү? 

-Говори, говори, — деди кыз маанайы пас. 

— Ошондо биз менин колуктума сөйкө салганы барган болчубуз, — деди Осмондун көңүлү чөгө. Колукту деген сөздү укканда Олянын өңү кубара түштү.

-Сеники невеста бар беле? – деди Олянын үнү каргылдана. 

— Бар... – деди Осмон башын жерге салып. 

— Эмне учун, раньше не сказал?! – Оля ыйлап ийди. 

— Оля, — деди Осмон түшүндүрүүгө аракеттенип.

— Все, я поняла! – деп бетин ызалыктын жашы жууган Оля, аттан жерге секирип түшүп, артты көздөй чуркап жөнөдү.  Осмон аттын башын буруп, түшө калды да, Олянын артынан  кошо чуркады.

-Оля!... Мени укчу! Сөзүмдүн аягына чейин укчу! – деди  Осмон кызга жете берип, каруусунан кармап.  Кыз каруусун тартып алып, токтобой кете берди, ыйлаган бойдон. 

— Оля!.. Мен  ата-энеме айттым! Эгер сага үйлөнбөсөм, эч кимге үйлөнбөйм дедим! Оля! – деди Осмон кыздын алдына чыгып артына кетенчиктей басып. Оля токтоло калып, жашы толгон көздөрү менен Осмонго ишенкиребей карады. – Чын!.. Кудай турат!.. Ошенттим!..— деди Осмон  кызды эки каруусунан тең алып.   Оля эреркеп Осмондун көкүрөгүнө боюн таштап солуктап атты, токтоно албай. Осмон кыздын чачынан сылагылап: — Ошенттим да, кетип калдым атыма минип. Ошол бойдон үйгө бара элекмин. Түндө жылкы кайтардым. Эртең менен жылкыны үйдү көздөй сүрүп ийип, артка кете бердим, — жигит бир паска унчукпай калып,  анан: — Мен сага гана үйлөнөм! Башка эч кимге эмес! – деп кошумчалады. 

— Как ее зовут? – деди аздан соң Оля.

-Жамбы. Эмне болду? – деди Осмон кыздын оюна түшүнбөй.

-Она тебя любить? – деди кыз жаңыдан саргара баштаган жалбырактарды карап. 

-Билбейм. Ал мени бир гана жолу көрдү. Мен да аны бир курдай көрдүм. А мен сени сүйөм! – деп Осмон тунжурай түштү. 

-Правда?! – деди Оля Осмондун көзүнө тик карап.

-Чын!.. Чын!..— деди Осмон Оляны бооруна бекем кысып. Кыздын кабагы бир аз ачыла түштү. 

-Жалко ее, — деди Оля ойго чөмүлүп. – И нас тоже жалко, — деп улутунуп алды. 

— Атам менен апам макул болмоюнча үйгө жолобоймун, — деди Осмон алда нени ойлоп. 

— Не надо так. Потом алар мени жаман коруп калышат, — деди Оля. 

— Анан эмне кыл дейсиң? – деди Осмон аргасы кете. 

— Может менин  родителям сказать?  Атам апам, сенин атан апан менен суйлошсо как будет? – Оля башын көтөрүп, Осмонго карады.

— Майнап чыкпайт го, — деди Осмон ишенкиребей. 

— Все-таки, — деди Оля Осмонго жалбара. 

-Мейли, — деди жигит кыздын ыктыярына көнүп.  Анан экөө кучакташкан бойдон тээ нарыраакта турган карагер атты көздөй басышты. 

***

-Папа, мама,— деп сөз баштады Оля, кечки тамактын учурунда. – Вам предстоить торжественная  встреча с родителями моего мустангера. Иван менен Клавдия кызын кунт коюп угуп калышты.     

— Что, они к нам приедут? – деди Антон картошканы бөлө тиштеп, аз жерден какап кала жаздап. 

— Да, действительно... – уулунун суроосун коштоп. 

— Нет, мои дорогие. Вы должны пригласить их, либо сами сьездите к ним, — деди тамашага чала Оля. 

— Оля, ты это серьезно? – деди Клавдия салфетка менен оозун ачып атып кабагы бир аз түйүлө. 

— Серьезно, мама. Дело в том, что оказывается  у него есть официальная невеста. Ну, по национальному обычаю. А он не хочет жениться на нее, — Оля апкаарый түшүндүрүп кирди.

-Аа, хочет взять в жены тебя? Да? – деди Антон ойноктоп.

-Да, — деди Оля жооп кылып. – Если  не разрешат жениться  на тебя, то ни когда не женюсь говорить он. 

— Хорошо.  Пусть с начала они сами решат между собой. Я имею в виду, с той официальной, как ты говоришь невестой. Потом пожалуйста. Мы рады встречаться с его родителями. А пока думаю рано, неудобно же. Что теперь мы сходим к ним и скажем не берите ту, а берите нашу дочку?  Я думаю это не прилично, — деди Клавдия. Атасы да ушул сөздү туура көрдү, башын ийкегилеп. 

Олянын ындыны өчө түштү. Үлдүрөгөн үн менен:

-Пока родители не согласятся на нашу женитбу, я не пойду к ним говорит он. Я думала, может быть вы поговорите с ними... И тогда... – деди Оля столдон башын көтөрбөй. Кичине катуураак сөз укса ыйлап ийүүгө даяр эле ал. 

Кыздын абалын көргөн ата энеси эмне деп жооп айтаарын билишпей, кыжаалат боло ойлонуп калышты. 

-Ваня, как ты думаешь? – деди Клавдия бир топтон кийин кыжаалаттана.    Оля атасына үмүттөнө карады астыртан.  Иван кызын кунт кое тиктеди да:

-Я думаю... Можно попробовать, что тут такого? – деди.  Клавдия кыжаалаттанган калыбында башын чайкап алды, бекер кыласың дегенчелик кылып. Оля ордунан тура калып, атасын кучактап, бетинен өпкүлөп ийди:

— Спасибо папа! Спасибо! – ошол калыбында апасын да өөп-өөп ийди: — Спасибо мама!.. Спасибо вам!..

***

Эртеси Оля менен Осмон экөө эки ат минип, дөңдө турушту. Арабага түшүп алып кетип баратышкан Иван, Клавдия, Антон үчөөнө көз салышып. 

-Эми эмне болоор экен? – деди Осмон санааркай. 

-Все буде хорошо, — деди Оля аны жайгара.

-Сен кайдан билесиң? – деди Осмон санааркаганы жазылбай. 

-У меня такое предчувствие, — деди кыз уландын колун кармалап. 

Араба Осмондун айылына жетип, Ысмайылдын эшигинин алдына токтогонго чейин карап турушту, эки жаш.    

***

Ысмайыл ээр чаап, Кенжеке өрмөк согуп аткан. Олянын ата энесинин арабасы тигилердикине жакындап келатканда. 

-Мобул араба биздикине келетат окшойт, — деди Кенжеке бүшүркөп. Ысмайыл чаап аткан эрин токтото салып, келаткандарды карап калды.  Айткандай эле араба эшиктей төрдөй жерге кирип келип токтоду. 

-Саламатсыз, — деди Иван озунуп салам айтып. Оордунан тура калып утурлаган Ысмайыл: 

-Алеки салам, — деп тигилерди көздөй колун суна басты. Клавдия менен Кенжеке да баш ийкеше учурашты. 

-Биз Оля  кыздын ата-апасы, — деди Иван, Ысмайыл менен бир топко чейин кол алыша саламдашкан соң. Клавдия өзүн ыңгайсыз сезе туруп калган.  

— Аны дароо эле билдик, — деди Кенжеке. – Үйгө киргиле, — барып боз үйдүн эшигин ачмакчы болгондо Антон андан озунуп, чий эшикти көтөрө салды.  Чоңдор биринин артынан бири үйгө киришти. 

***

Эт бышым мезгил өткөн болчу. Кыз-жигиттин ата-энеси боз үйдүн ичинде, дасоркондун четинде олтурушту, тамак жешип, маектешишип. Сөз Ысмайылда болчу:

-Эртеден бери ары кеттик, бери кеттик. Акыры бир бүтүмгө келдик окшойт. Албетте, сиздердин сөзүңүздөрдө жүйөө бар. Эки бала бири-бирине арзып калышса, айлабыз канча. Жүрөгүбүздү өйүгөнү эле тиги сөйкө салып койгон колуктусу болчу. “Экөө менен жашай береби” десек, “Андай болбойт” дедиңер...

— Конечно, андай болбойт, — деди Клавдия дагы бир ирет бышыктап. 

-Эми эки баланын көңүлү экен. Биз каршы эмеспиз!— деди Ысмайыл.

-Ушул созунуз акылдуу, туура соз болду, — деди  Иван канааттана кубаттап. 

-Сиздер өтө кеменгер, акылкөй адамдар экенсиздер. Биз ушуга кубанып турабыз. Эмнеси бар экен, кыргыз менен орус мурда баш кошушпаса, куда болушпаса, бизден башталсын, — деди Ысмайыл токтоо. 

Ушул сөздү укканда Клавдия Ысмайылдын акылына баа берип, өзгөчө бир урматтоо менен:

-Биз да сизге баа бердик! – деди. Иван башын ийкеп жубайын кубаттап ийди. Антон бирде ата-энесине, бирде тигилерге көз чаптырып коюп, эт мүлжүп отурду. 

-Анда кудалаган колуктусу менен өзүбүз чечишип алалы. Эгер туура  көрсөңөр, бышыкчылык келгенде эки жашты  үйлөндүрүп коелу, — деди Ысмайыл. 

-Сиз менге туура тушунот дейм, -деди Клавдия. –Оля он алты жашта. Жашыраак болуп атат. Бир аз чоңойсун. Жок дегенде он жети жаш болсун. Эгер сиз туура керсенуз?

-Мейли, мейли, -деди Кенжеке, -эмдиги жылы деле кеч эмес. Кудай буюрса, эмдиги жылы ушул убакта той өткөрсөк, сонун эле болот!

— Ырахмат сизге, — деди Клавдия чын пейилинен. 

— Ырахмат, — деп аялын коштоп ийди Иван дагы. 

***

Кечке жуук Никифировдордун арабасы артын көздөй кайтты. 

Оля менен Осмон дагы эле дөң тарапта аттарын откоруп, тигилерди акмалап жүрүшкөн эле. Арабаны көрөөр замат кыз жигит тосо чаап жөнөштү. Никифоровдорго жакындаганда жигит атынын ооздугун тартып, кыз болсо андан ары чаап кетти. Осмон абай салып турду. Оля араба менен  теңеле бергенде эле Антон сүйүнчүлөп жиберди:

-Ай “киргизча суйло” ты станешь снохой киргизов! – бала кыткылыктап каткырып күлүп жиберди. Клавдия кошо күлүп, уулун жон талаштыра чаап калды тамашалап. 

-Папа, он правду говорит?! – деди Оля көздөрү жалжылдап. 

— Правда, правда, — деди Антон озунуп. – Иди, теперь сторожить лошадей Осмона! – бала ого бетер кыткылыктап күлүп атты. 

-Правда, доченька, — деди Осмон жылмайып. – Только ваша свадьба будет через год. 

-Почему? – деди Оля кубанганынан жүзү албырып. Ал азыр баарына кайыл эле. 

-Потому, что тебе всего  шестьнадцать,— деди уулу менен кошо күлүп, ыкшып калган Клавдия, көзүнүн жашын сүртүп атып. 

— Как я рада!.. Как я счастлива!.. – Оля апасынын андан аркы сөзүн уккусу келген жок. Чексиз кубанычка баткан кыз, атын так түйүлтө башын бурду да, Осмонду көздөй чаап жөнөдү.  Никифоровдор  кыздын кубанганына кошо кубанышып,  арабаны жол менен  кылдыратып баратышты. 

Оля Осмонго жетелекте:

-Суйунчу!.. Суйунчу!.. Мустангер! – деп кыйкырып ийди. Осмон иштин чоо жайын дароо түшүндү. Атын окторулта Оляны көздөй чапты. Жигит кызга жуп жетээрде  Оля атынын башын буруп, каткырып күлүп Осмондон качып берди. Жигит анын аркасынан түштү.  Эки жаш куушкан боюнча талаа аралап кетип баратышты. Ошол тапта күн уясына жакындап калган эле. Тоолордун башы кызарып, Ысык-Көл мелмилдеп турган. 

*** 

Эртеси. Таң куланөөк тарта электе эле Осмондун боз үйүнүн түндүк жабуусун сыйырды Кенжеке. Уктап жаткан Осмон чамгарак ачылганда кошо көзүн ачты.

Чамгарактан шоола-шоола болуп, агарып келаткан асманды  тиктеп, күлүмсүрөп жатты. Ошол убакта боз үйгө Кенжеке кирди. 

-Жылкыңа барасыңбы? – деди сабаадан көнөчөккө кымыз куюп атып.

— Азыр турам апа, — деди Осмон.

-Максатыңа жеттиң. Көк экенсиң уулум, — деди Кенжеке көнөчөктөн көөгөргө кымызды куюштуруп атып башын чайкап. – Ме, кымыздын гүлүнөн ич, -апасы сыр аякка көөкөрдөн кымыз куюп Осмонго узатты. 

Осмон төшөгүнө отура калып, кымызды дембе дембе ичип ийди. 

-Ырахмат апа, — деп  кымызды ичип бүтүп, Осмон кесени апасына кайра узатты. 

-Жылкыңды айдап келгенден кийин атаң экөөң  Сайдын куданыкына барып келесиңер,— деди өзү да кеседен кымыз ууртап. 

Осмон таң кала түщтү:

-Эмнеге апа?

-Атаң Сайдин, Умсунай экөө менен сүйлөшөт. Сен Жамбы менен бүтүшөсүң...— деди Кенжеке бир аз өкүнүч кылып. – Жакшы кыз эле, атаңдын көрү ай... 

Осмон күнөөлүүдөй башын жерге салып үндөгөн жок. 

-Тур эми балам, тур. Арык менен Сыдыктын көзүнөн учуп атсаң керек. Жөнө, — деди да Кенжеке сыртка чыгып кетти.   Осмон төшөгүнүн үстүндө керилип-чоюлуп, бир саамга отурду. 

***

Жигит сыртка чыкканда чолпон жылдыз али бата элек эле. Үрүл-бүрүл көрүнүп  турган. Осмон айланасына суктана карады да,  тээ өтөктө оттоп жүргөн карагерин көздөй жүгүрдү.

***

Осмон карагерин сабалап, Арык, Сыдык болуп күтүрөгөн жылкыны айылды каптатып айдап кирип келишти. 

***

Күн шашкеге жакындаган кезде Ысмайыл менен Осмон аттанышып, жолго чыгышты. 

***

Түшкө жуук ата бала Жамбынын айылына кирип келишти. 

-Жол болсун куда, — деди Сайдин Ысмайылдын атын өзү алып атып. – Тынччылыкпы? 

— Тынччылык эле... – деди Ысмайыл сыр бербей.  Осмон атынан түшө калып,  чылбырын кармап мамыны көздөй басты. 

***

Жамбы менен Осмон көлдүн жээгинен жолугушушту. Кыз капа эле. Экөө жээк менен бир топко басып барышып, анан көлдү тиктеп туруп калышты. 

-Таарынычың жокпу мага? – деди Осмон астыртан.

-Жок... – көзүнө жаш толо түшкөн Жамбы, башын буруп кетти. 

-Бактылуу бол, — деди Осмон күнөөлүүдөй.  Кыз эч нерсе дебей туруп калды, ары караган боюнча. Анан:

-Кошуңуз, — деди ылдам ылдам басып, жээктен алыстай баштады.  

Жамбынын жүзүн жаш жууп баратты. Осмондун карааны көрүнбөй калган соң гана кыз үнүн чыгарып, эчкирип ыйлап, жашына муунуп, кетип баратты. 

*** 

Андан бери бир жыл өттү. 1916-жылдын жазы эле.  Көл түнөрүп, төө өркөчтөнгөн толкундар жээкке келип урунуп, сур булуттар асманда удургуп турган чакта,  жээкте эки атчан келатышты.  Алардын бири Яков Свердлин, экинчиси Тимофей Гудков* болчу. -Тимофей Сергеевич,  в принципе мне удалось сколотить крепкое ядро недовольной молодежи киргизов. Они готовы в любой момент управиться уездным начальством. Ждут только моего сигнала, — деди Свердлин Гудковго суроолуу карап. (ГудковТ. С. – большевиктердин Пишпектеги  подполдук уюмунун активдүү катышуучусу жана жетекчилеринин бири.)

-Яков Исаевич, революционная ситуация еще не назрела говорить Владимир Ильич. Поэтому восстание ваших людей, моих людей и других представителей  коренной национальности средней Азии, должны очень сильно ослобить царьский режим.  С одной стороны  война на фронте, с другой стороны восстание внутри страны – вот что, нам большевикам на руки.  Ослабленного царьского режима, мы быстро свернем. И власть будет в наших руках! Поверьте, на этот раз мы не повторим 1905 года.  

— Я такого же мнения,— деди Свердлин. – Только было бы не плохо, если нам удастся добыть оружие. 

-Сейчас с этим надо повременить Яков Исаевич. Бог знает, как поведет себя  киргизы, когда получат оружие, — деди Тимофей Сергеевич башын чайкап. 

-А как, с голыми руками должны выступать, против вооруженных солдат? – деди Яков таң калып. -Будет очень много жертв, среди киргизов. 

-Революция без жертв не бывает Яков Исаевич,— деди Гудков көзүн жүлжүйтүп. – Вы это прекрасно понимаете. 

-Ну, и что, будет жертвы среди киргизов, казахов, узбеков – это нам на руки. Наоборот  чем больше жертв среди коренного населения, тем больше будет недовольных людей против царьского режима. Нам этого и надо!  Понимаете, это  подается как национально-освободительного движение.  Это часть большого сценария придуманного самим Лениным. Это как прилюдия к тотальному революцию. Это способ взятие власти! – деди ал эргий эргий сүйлөп. -Помните Владимир Ильич писал, когда только началось мировая война, “Мы превратим империалистическую войну – в гражданскую!” Вот вам смысл восстаний коренных населений. Отсюда делаете выводы сами. 

-Гений это Ленин! – деди Яков суктана.

-Конечно, гений. Человек который спроектировал грандиозное политико— экономическое изменение, исходя из Российской реальности – вот вам генаиальность  Ильича. До сих пор ни кому не удавалось  такое. Ему это удается. Во всяком случае, мы очень скоро увидем, первую часть его гениального сценария! – деди суктануу менен Гудков. — Так, теперь слушайте Яков Исаевич, восстание начнется с Пишпекского уезда. Основной ударной силой должны стать  киргизы именно Пишпекского уезда, Чуйской волости. Поэтому нам предстоить большая организационная работа.  Сейчас нам не хватает такие испытанные бойцы как вы. Поэтому партия вас направляет к нам.  А ваши иссуккульские подопечные без вас устроят  настоящий пожар. 

-Что я могу сказать – я солдат партии, — деди Свердлин баш ийкеп.

-В Балыкчы, ну... в Рыбачьем... поднимает людей Иван Седов*, -деди Гудков сөзүн улантып. (Седов И. — подпольщик, который в 1916 году стоял во главе балыкчинского восстания.)

Аңгыча көлдү бойлоп тигилерге каршы эки атчан чаап келатканнын көрүшүп, Свердлин менен Гудков токтой калышты.

Эки атчан Осмон менен Оля болчу. Экөө ат жарыштырып келатышкан. Аларды көрүп токтоло калышкан Свердлин менен Гудковдун жанына жеткенде Оля атынын ооздугун жыйыпы, жайлата түшүп:

-Здравствуйте, Яков Исаевич, -деди күлкүсү тыйыла.

-Здравствуйте, Оля, здравствуйте, -деди Свердилн кара күчкө.

Эки жаш андан ары чаап кетишти.

-Кто она? –деди Гудков, тигилерди узата карап.

-Дочь Ивана Никифорова, учителя по истории, -деди Свердлин.

-А это юноша? –деди Гудков ого бетер кызыга. –Видать, он ее жених?

-Точно угадали. Скоро  у них свадьба, -деди Свердлин.

-Будет ли... –деди Гудков, мыйыгынан. –Если русские и киргизы окажутся на разных сторонах баррикады, что будет тогда с ними? –алыстап баратышкан Осмон менен Оля тарапка башын жаңсап койду.

-Что будет – то будет, -деди Яков мулжуңдап. –Одной интернациональной семьи будет меньше.

-Да-а... –деди Гудков тигини кубаттап. –Но этого мы не должны допустить. 

-Чего, говорите? –деди Свердлин түшүнбөй.

-Если они поженятся, это будет прямой угрозой нашему общему делу, -деди Гудков кабагын түйө.

-Почему? –деди Свердлин таң калып.

-Нужно ли нам влияние русской гнилой интеллигенции на киргизов, Яков Исаевич?! –деди Гудков. –Если вскормленное их влиянием местное население будет колебаться, что будет тогда? Такие почины надо пресекать под самый корень!

-Вряд ли один Никифоров может заколебать столько людей, -деди Яков моюн толгоп.

-Вы знаете, Яков Исаевич, у киргизов очень сильно развита родо-племенные отношения. Они слушаются старших, заступаются друг за друга, как один человек. Поэтому, союз этих молодых пар не желателен. Теперь, надеюсь, понятно вам? –Гудков сүрүн салып.

-Теперь понятно, -деди башын ийкегилеп Свердлин. –Буквально, на днях мы их разлучим, Тимофей Сергеевич.

-Вот и хорошо, -деди Гудков.

***

Караңгы кирип калганда эски коргондун жанына туш-туштан атчан жигиттер чогула башташты.  Арасында Кабыл, Касым баш болгон уландар бар эле. Жыйырма чакты атчан  кимдир-бирөөнү күтүшүп эки жагын аяр карап турушту. 

-Жакып келатат!-деди Касым аңгыча. Айткандай эле бир аздан соң тигилердин жанына Свердлин бастырып келип калды. 

-Түгөл чогулдуңарбы? – деди Свердлин саламдашып бүтө элек жатып эле.

-Түгөл эле, — деди Кабыл баары үчүн жооп берип. – Уруу, уруулардын мыкты жигиттеринин баары келишти. 

-Сөз мындай, — деп баштады кебин Свердлин, -Мени Пишпекке жумшаганы атышат, жетекчилик. Пишпектеги уюмдун мүчөлөрүн Ак падыша камакка алдырды. Мен барып ал жактагы кыргыздарды уюштурушум керек. Негизи козголоң ошол жактан башталат. Пишпектеги козголоң силерге белги болушу керек. Эми сөздүн ток этээр жерине өтөйүн. Бир жылдан берки каңшаар жакында ишке ашканы турат. Силер мен жокто эмне кылышыңар керек, ошого көргөзмө бериш үчүн чогулттум силерди. Ушул жайда он тогуздан, кырк үч жашка чейинки жигиттердин баарын аскерге алат, ак падыша.  Фронтто абал начар. Россия жеңилип калышы мүмкүн. Ошон үчүн жанталашып, ар кайсы элден аскер алып атат. 

-Аскерге эмес, мандикерге деп атпайбы? Оорукта иштетет турбайбы, кен казкызып,— деди Элтуйбас сөзгө аралашып. 

-Мандикер?!  Аны силерге ким айтты?! – деди Свердлин кызалаңдап. – Анын баары калп! Эптеп силерди аскерге алыштын амалы! Так фронттун биринчи катарына жиберет, баарыңарды! Же силер мылтык атканды билбесеңер, баарыңар малча кырыласыңар! Көрдүңөрбү ак падыша эмне кылганы атканын?!  

-Мылтык атканды, согушканды билбегендигибиз үчүн оорукка жиберип атат да.  Кен каздырганы,— деди Элтуйбас моюн толгоп. 

-Элтуйбас, сен эмне болуп калгансың ыя?! Аялыңды Ивандын катыны төрөтүп койсо эле көңүлүң бузулуп калабы сенин?!— деди Свердлин өктөм. Жигиттер бүлкүлдөп күлүп калышты.

-Өзүңөр деле ойлоп көрбөйсүңөрбү? – деди Элтуйбас моюн бербей. – Мылтык ата албагандарды согушка жиберип, бөөдө кырдыргыдай ак падыша келесоо бекен?! Андан ага эмне пайда?! 

-Тимеле ак падыша менен кошо тамак ичишип жүргөндөй сүйлөйсүң да сен! – деди Свердлин кер какшык менен   Элтуйбаска. Жигиттерге Яков Исаевичтин сөзү жага бербей калды. Жапырт кыраан каткы күлүп жиберишти. 

-Чүш акырын,— деди Свердлин. Тигилер тып басылышты. 

-Ак падыша келесоо болбосо 9-январда, 1905-жылы бейкүнөө жумушчуларды эмне үчүн аттырды ыя?! Кана, жооп берчи!-деди Свердлин Элтуйбасты демитип. Элтуйбас эмне деп жооп берерин билбей калды. 

-И-и, көрдүңбү?!. Жооп бере албайсың. Ар кимдин сөзүн  угуп алып,  ар кайсыны сүйлөбөй жүргүлө, — деди Свердлин тигилерди кыдырата карап.— Ак падыша деген мыкаачы.   Аны “ Кандуу Николай”  деп айтышат, “Кандуу жекшембиден” кийин.  Мындай падышага ишенич жок!  Ак падышаны тагынан кулатып, бийликти эл өзү колуна алмайынча, эч качан оңолбойбуз!  Ак падышаны жайына койсо кыргыздын баарын кой кайтартып, тоонун башына тентитип коет!  Жүрөсүңөр, анан өмүр бою чарык кийип, таяк кармап, шымыңар жаргак!  А жериңерди орустун кулактарына тарттырып берип коет.  А силер  кыргыздар кулактарга малай болосуңар!

Жигиттер унчукпай угуп атышты Свердлинди. 

-  Жакында ак падышанын жарлыгы чыгат. Чыгаар замат эле ой-боюңарга койбой силерди аскерге ала башатайт. Ошондо эле дароо козголуш керек! Эң биринчи эле уезддин начальнигин жок кылыш керек!  Анткени ал Верныйдан жардам сурап ийиши мүмкүн. Андан кийин камынтпай туруп, аскер горнизонун басып алыш керек, курал жарак тартып алыш үчүн! – деди Свердлин жалындай сүйлөп. 

-Жалаң союл менен барып кантип басып алабыз, горнизонду? Бөөдө өлүм калсакчы? – деди Элтуйбас дагы эле өз оюн бербей. 

-Камынтпай басыш керек! Баары уктап атканда кол саласыңар,  таңга жуук. Ошондо үргүлөгөн солдаттардын быт-чытын чыгарыш оңой болот ,— деди Свердлин. 

— А кокус Верныйдан аскерлер келип калсачы? – деди Элтуйбас күмөн санаганын токтотпой. 

-Кегенден же Боомдон тосуп туруп, кырып салмай жаныңар жокпу? Колго түшкөн курал менен! – деди Свердлин чечкиндүү.

-Туура!.. Колубузга курал тийсе, жол тосуп туруп жайлайбыз баарын! Аямак белек туурабы, — деди Кабыл жигиттерди кыдырата карап. 

-Туура, туура... – дешип жигиттер коштоп кетишти. 

-Менин маалыматтарыма караганда ак падыша козголоң чыгаргандарга аскер жибере албайт. Ага шайы жок. Фронттогу абал өтө начар. Болбосо ушинтип ар кайсы элден аскер алмак беле, -— деди Свердлин тигилерге карап. 

-Ооба,— деди Касым, — ак падышанын бизге күнү түшүп атканынан улам эле  түшүнсө болот да, абалы начар экенин. Бизге аскер жибергенди коюп, немисти жеңип алсынчы,— деди Кабыл мурчуюп. 

Жигиттер шердене күлүп калышты. 

-Сен күмөн санап турсаң, барбай эле кой Элтуйбас. Аялыңдын жанында бол. Сенсиз эле иш бүтөт, — деди Свердлин Элтуйбаска карап. 

-Ооба корккондор кала беришсин, катынын этегине жамынып, — деп ийди Кабыл кызуулана. Жигиттер күлүп калышты. Элтуйбас тиштенип унчуккан жок. 

-Гарнизонду басып алгандан кийин бир да орус кулагын калтырбай кармап туруп, үй-бүлөөсү менен көчүрүп ийиш керек. Ошолор кабар жеткирет Верныйга. Каршылык көрсөткөнүн ошол эле жайлаш керек,— деди Свердлин өкүм. 

-Жалчы орустарды эмне кылабыз? – деди Касым алда неме эсине түшкөнсүп.  

-Жалчыларга тийбегиле. Алар силерге кошулат. Мен дайыма айтып келатам, орус пролетариаты менен  дыйкандары биз тарапта!  Балыкчыдагы козголоңду Иван Седов деген жалчы баштайт. Россиянын жумушчулары менен дыйкандары бизди колдошот, эсиңерде болсун, — деди Свердлин. – Бүгүнкү сөз эч кимге оозуңардан чыкпасын! Алдын ала билишчү болсо баарыбызды бир бирден кармап кетишет.  

-Кармап эле көрүшсүн!— деди Кабыл ызырынып. 

-Эмитен кызуу кандуулукка алдырба Кабыл. Сактыкта кордук жок дейт. Ушунча мезгил жашыруун жасап келип, анан чечүүчү учурга жеткенде жаңылышканыбыз жарабайт! – деди Свердлин өкүм. 

-Оордуңузга ким калат? – деди Элтуйбас.

-Ал азырынча айтылбайт. Ансыз да, силерге аябай көп ашыкча маалыматты берип салдым. Эми биякта көпкө турбагыла. Тарагыла. Ишиңерге ийгилик! – деди Свердлин.

Жигиттер ар тарапка тарай башташты.  Свердлин да атын моюнга чаап Кабылдын артынан бастырды. 

-Кабыл, токточу, — деди Свердлин ага жете келип, ээндете. – Осмон Никифоровдун кызына үйлөнгөн атабы?

-Ошондой го, — деди Кабыл Свердлиндин суроосуна таң кала.

-Үйлөнттүрбөш керек аларды, — деди Свердлин. 

-Эмне үчүн? – деди Кабыл түшүнбөй. 

-Олянын апасы врач, доктур, — деди Свердлин баса сүйлөп. – Аны атайын жиберишкен биякка, гарнизондун солдаттарын дарыласын деп. Кыргыздар гарнизонго кол салганда  жарадар болгон солдаттар да болот.  Ошондо ушул доктур жарадар солдаттарды  дарылап, өлтүрбөй аман алып калат. А тирүү калган солдат акыркы ок алганча силерди атат. 

-Аа, кеп биякта турбайбы, — деди Кабыл башын чайкап. 

-Же мынабу доктурду акырын тындым кылып коюш керек, же дагы бир башка айласын табыш керек, — деди Свердлин. 

-Айласын табабыз, — деди Кабыл тиштене. 

***  

Түшкө маал уезддин начальнигинин конторасынын короосуна үч атчан киши келип кирди. Алардын бирөө карыя, экөө жаш жигиттер эле. 

Тигилер аттан түшө электе эле уезддин начальниги өзү шашып— бушуп чыга калды. 

-Ассалоом алейкум, Кыдыр аке, — деп карыяны утурлай басты. 

-Алейкума салам, — деди Кыдыр аке*. 

(*Кыдыр аке (Кыдыр Байсариев -1843-1926) – известный манап из рода бугу, посол, глава волостной управы, депутат 4-й Государственной думы России, подполковник. Он смог убедить своих земляков, чтобы они  не бунтовали против российских властей. Тем самым он полностью спас граждан своей волости от гибели.)

-Сизди чыдамсыздык менен күтүп аткам, — деди начальник, Кыдыр акенин келгенин ыраазы экенин билгизип. – Түшүңүз аттан. Жүрүңүз. 

Жаш жигиттер Кыдыр акени аттан түшүрүштү. Семенов менен Кыдыр аке конторага кирип кетишти. 

***

-Сизден эмнесин жашырайын. Абал өтө оор Кыдыр аке, — деди бушайман болгон начальник. – Эл ак падышанын жарлыгынын маанисине туура түшүнбөй атышат. Көтөрүлүш чыга турган болуп турат. Түшүнөсүз да, Кыдыр аке. Көтөрүлүш чыкса, эки тарапка тең жаман болот. 

-Эми силерге  каршы тукуруп аткан  өзүңөрдүн эле кишилер,— деди Кыдыр аке жеме аралаш. 

-Кыдыр аке, өзүбүздүн кишилер экени да чын. Бирок алар подпольщиктер – революционерлер. Роосиянын падышалык бийлигинин ички душмандары. Ошолордун кимдер экенин так билбей атпайбызбы, — деди начальник өкүнүч менен.  – Болбосо андай эл бузаарларды эчак эле кармап туруп камап салмакпыз. Сизди чакыртканым...

-Чакыртканыңыздын себебин жакшы түшүнүп турам, — деди Кыдыр аке. – Мен да ошол элди жайгаруунун аракети менен алек болуп атам.  Бөөдө кырылып каласыңар, бийлик менен эрегешпегиле деп какшап атам мен дагы. Эл бейкут болсо экен дегенде менин да эки көзүм төрт. Өз болштугумду го козголоңго катыштырбайм. Дагы бир топ болуштуктардын элин жоошутуп атам азыр. 

-Рахмат Кыдыр аке! – деди Семенов чын ниетинен.  – Карыялардын баары сиздей болсо сонун болбойт беле. Көлдүн көкүрөгүндө сиздин кадыр-баркыңыз өтө чоң. Мага аксакалдарды топтоп бериңиз. Уруу башчыларын, сүйлөшөйүн. Түшүндүрөйүн.

-Топтоорун топтоп берем, — деди Кыдыр аке, -бирок сени угаар бекен, балам, алар. Жанагы элди козутуп жүргөн кишилериңер... 

-Подпольщиктер, — деди начальник оңдоп.

-Ии, ошолордун оозун тыйбасаңар, алардын тилине кирип алган немелер силерди душман көрүп атышпайбы. Силер түшүндүрүү иштерин  эчак эле баштап, күбүң шыбың чыкканда эле эл аралап, кара жаныңарды карч урушуңар керек болчу.  Бетке айтканга терикпе, силер көпкө чейин камырабай жүрүп алдыңар окшойт балам, — деди Кыдыр аке кейип. 

— Аныңыз чын, — деп безилдеп ийди начальник. Биздин эң чоң катачылыгыбыз ушунда болуп калды. – Жарым жыл, бир жылды жөн эле өткөрүп ийдик, — Семенов катуу өкүндү. – Эл ары кетип, бери кетип, кичине нааразы болуп, акыры биз түшүндүрсөк эле басылат деп ойлогонбуз да. А жанагы подпольщиктердин колунан келип аткан иш экенин түшүнбөптүрбүз  да, башында, Кыдыр аке. 

— Балам, бийлик деген кыраакы болушу керек, — деди Кыдыр аке салабаттуу. – Эмне кылышты билбей, азыр менин да башым катуу маң болуп турат. Кыйын болуп турат...

***

Кыдыр акени начальник өзү узатты короодон. 

***

Түш ченде топ атчан медпункттун короосуна кирип келишти күтүрөшүп. Клавдия менен Оля коркуп кетишти. Кабинеттин терезесинен тигилерди көргөндө. 

-Это они... – деди Оля коркконунан калтырап. – В прошлом году напали на меня. 

-Я понела, — деди Клавдия эмне кылышты ойлонуп. Ошол учурда:

— Эй, ким бар?! – деп кыйкырды жигиттердин алдында баштап келаткан Кабыл.

-Мама, не выходите! – деди Оля жалооруй. 

— Нет, надо! Иначе они войдут сюда. Тогда будет еще хуже, — Клавдия эшикти көздөй шашылды. 

Клавдия билмексен болуп крыльцого чыга келди. 

-Оору барбы? – деди Клавдия токтоо сүйлөөгө аракеттенип. 

-Ооруну эмне кыласың?!— деди Кабыл Клавдияны кекете. – Эй доктур, аман эсениңерде көчүп кеткиле бияктан! Бөөдө өлүм болуп каласыңар! Кызыңарды кыргызга берсем эле аман калам деп ойлоп атсаңар керек! Осмон  эмес олуя болсо дагы арачы түшө албайт силерге! Ушунчаңарда кетип калгыла, болбосо!.. – Клавдияны жеп жиберчүдөй  жек көрө карады да, анан атын моюнга бир чаап,  башын буруп, теминди. Калгандары Кабылды коштоп артынан бастырышып, чыгып кетишти короодон. 

Клавдия нес болгон немече крыльцодо туруп калды. Аңгыча ичкериден Оля чыга калып апасын кучактап ыйлап ийди. 

-Что теперь будет мама?! – деди Оля үнсүз ыйлап. 

-Что теперь будет...— деди Клавдия кызынын сөзүн кайталап улутуна. –  Будет беда!.. Большая беда!.. 

— Не говорите, не говорите так... Мама!.. – деп Оля ого бетер бетин жаш жууп. – Почему они к нам пришли, — солуктап атты кыз. 

— Это видимо чье то указание. Скорее всего, наверное  тот хочеть, в первую очередь убрать врача,— деди Клавдия жүзү кубара.

— Почему? – деди Оля солуктап. 

-Потому что, врач может спасти людей.  А того, кто за ними стоит  видимо это не устраивает. Чем больше смертей, тем это ему выгодно наверно, — Клавдиянын ою бир жерге токтобой атты.

— Что будем делать? – деп атты Оля өзөгү өрттөнө. 

— Однозначно я остаюсь. Я врач. И ты медик. Мы будем нужны, — деди Клавдия ойго чөмүлө. 

***

Күн бүркөө эле. Шамал тынымсыз согуп, көл бур-шар этип толкуп жаткан. Осмон менен Оля көлдүн жээгинде отурушту кучакташып. Нараакта экөөнүн токулгалуу аттары оттоп атышты.

-Скажи Осмон, — деди Оля жигитке карап.— Что теперь будет? 

-Эмне болмок эле, экөөбүз буюрса жакында үйлөнөбүз, — деди Осмон кызды жубатып, көлдүн толкунуна көз сала. 

— Как уйлонобуз, когда нам угрожают, — деди Оля маанайы пас көзүнө жаш толо.

— Эр эле болушса силерге тийип көрүшсүн!.. – деди Осмон кыжыры келип. – Өлбөгөн жерде калам, ким болсо да! А экөөбүз болсо  кандай болгон күндө да баш кошобуз баары бир! – жигиттин жүзү өтө чечкиндүү эле. 

— Я верью в тебя, — деди Оля Осмонго ыктап. – Но,  все равно на душе очень тревожно. 

Эки жаш толкундуу көлдү  тиктеп үн-сөзсүз отурушту, кыйлага чейин. Шамал кыздын чачын учуруп атты. 

***

Түшкө жуук. Уезддин начальниги  эки жасоолдун коштоосунда кара жол менен сабалап, тээ секиде көрүнгөн айылды көздөй келатты.  Кыдыр аке баш болгон жоон топ киши дөңдө отурушуп, уезддин начальнигин күтүп атышкан. 

Семенов жасоолдору менен жолдон көрүнгөндө эле эки-үч жигит аларды тосо чабышты. 

Бута атым жерге келгенде Семенов атынан түшүп, дөңдө отургандарды көздөй жөө басты.  

-Салоом алейкум! – деди Семенов баары менен кол кармаша учурушаып, Кыдыр акенин оң тарабынан орун ала кетти. 

-Николай Петрович, — деп баштады сөзүн Кыдыр аке. – Мына, көлдүн көкүрөгүнүн мыктылары ушул жерде отурат. Сиз экөөбүз кеңешкенден кийин баарына кабар бердирип, чогулттум. Өзүңүз ак падышанын саясатын жакшылап түшүндүрүп бериңиз. 

— Агаиндер! – деп толкундана сөзүн баштады Семенов. Эч нерседен сарсанаа болбогула. Балдарыңар фронтко барбайт. Тылда, оорукта иштешет. Өтүнөөрүм провокаторлордун тилине кирбеңиздер. 

-Оорукка алабыз деп коюп, согушка алып кетет да, — деди бүркүт кабак киши кераяктана. – Ак падышага ишенич жок. Балдарыбызды окко салып бергени атат. Эптеп бияктан узаганча ушинтип бал тилге салып,  жайлайсыңар да, а тигиндей чыккандан кийин түз эле кан күйгөн жерге ийериңерди кайдан билмек элек! 

-Ооба!..

-Ошону айтсаң!..  – бир даары кызуу колдоп кетишти тигини. 

-Падышанын жарлыгында жазылып турат, — деди начальник чебелектеп. – Ооруктагы иштер үчүн алынсын деп. Мына ишенбесеңер, — Семенов папкесинин ичинен жазуусу бар ак барак алып чыкты. Падышанын жарлыгын жанында отурган кишиге узатты. Ал кагазды карап карап туруп андан ары узатты. Баары бир сыйра карап чыгышты.  Кагаз бүркүт кабактын колуна тийгенде ал:

-Мунуң орусча жазылса, биз баарыбыз орусча түшүнбөсөк эмне жазылганын кайдан билебиз? – деп бурк этти.  Айрымдары:

-Ырас эле!.. 

-Туура!..— деп коштоп кетишти аны. 

-Которуп берейин анда, — деди аргасы түгөнгөн Семенов. 

-Биз баарыбир сага да, ак падышаңа да ишенбейбиз! – деди бүркүт кабак өңүн түктөйтүп. – Балдарыбызды аскерге бербейбиз.  Күч менен алам десеңер – чоң чатак чыгат! – деп ордунан турду да этек жеңин кагынып алып, обочодо турган атын көздөй басып кетти. Аны менен кошо чогулгандардын теңинен көбү оорундарынан туруп-туруп кетишти. 

— Эй балдар, кепке сөзгө келсеңер боло, — деди шагы сынган Кыдыр аке. – Эрегиштен эр өлөт дейт. Элдин убалына каласыңар!.. 

Туруп кеткендердин эч кимиси Кыдыр акенин сөзүнө кулак кагыш кылган жок.  Аттарына шарт шурт миништи да, топтолуп, бүркүт кабактын артынан жөнөп беришти. Калып калгандары өздөрүн оңтойсуз сезе, лам дебей отуруп  калышты, камчылары менен жер чукулашып.  Начальник  чыпылдап чыккан терин кайра кайра сүрүп ийди, жүз аарчысы менен. 

-Дагы ойлонушаар. Дагы сүйлөшөөрбүз, — деди Кыдыр аке калгандарын кара күчкө жубатып. – Мына, начальниктин көзүнчө айтып коеюн мен буга  кошомат кылгандан же коркконумдан айтып жаткан жокмун муну.  Орустарга теңелсек “өлөөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт” болобуз. Биз аттын бир басым кашкасындай эле элбиз кокуй. А орустар аттын түгүндөй болгон түмөндөгөн эл болот. Ырысыбыз кыркылып калат, бөөдө. Андан көрө, ынтымак менен иш кылган жакшы. Оорукка бара турган болсо эл катары балдарыбызды берели. Иштеп кол кабыш кылып келишсин. Эл жер көрүп келишсин. Анын зыяны жок.  Же калп айтамбы? – тунжурап отурушкандарды кыдырата карады. Эч кимиси үндөгөн жок. 

— Кыдыр аке, — деди начальник. – Рахмат ушул жакшы сөзүңүзгө. – Мен тигилерди да айыптабайм. Көрүп-билип турам, эки ортодо от жагып, элди бузуп, иритип аткандар бар. Алар подпольщиктер. Билебиз аны. Ошолордун тилине кирип алышып, эл бизге нааразы болуп атса керек. Бузукуларга ишенбегиле. Алардын максаты башка. Алар силердин балдарыңардын, биздин мамлекеттин тагдырын ойлоп аткан адамдар эмес. Эптеп падышаны тагынан кулатып, бийликти тартып алсак деген немелер. Ошон үчүн алар, ар түркүн провокацияларга барып атышат. Элди бийликке каршы тукуруп атышат. Ушул кылыктары үчүн алардын да жооп бере турган учуру келет. Мен ойлойм – ушуну менен эле бүтүп калган жок.  Дагы сүйлөшөлү, дагы түшүнүшүп көрөлү. Али кеч эмес. 

-Туура, — деди Кыдыр аке, — кандай болбосун сүйлөшүш керек! 

***

Орус-тузем мектебинин окуучулары али каникулга тарай элек болчу. Иван Никифоров сабак берип аткан. Аңгыча класска узеддин начальниги Семенов кирип келди, эки-үч саолдаттан коштоосунда.

-А-а, Иван Алексеевич, тут оказывается вы... –деди өңү кубарыңкы начальник, кайра артына кетүүгө ниеттенип.

-Что случилось, Никлоай Петрович? –деди али эч нерсеге түшүнбөгөн Иван.

-Сличилось то, что должно было случиться, Иван Алексеевич. Пришли аое-кого арестовать, -деп, кабагын түйө Иванга карап койду, начальник.

Бул сөздү укканда окуучулар үрпөйө түшүштү.

-Кого? Меня, что ли? –деди Иван тамашага чалууга аракеттенип.

-Вы верой и правдой служите Отечеству, Иван Алексеевич, -деди Семенов. –Тут есть один смутьянин. Ваш коллега. Наконец-то мы наступили на его хвост. Есть свидетели. 

АДал ошол учурда класска Элтуйбас кирип келди.

-Элтуйбас?.. Салоом алейкум, — учураша кетти Иван. –Бала кандай? Чоноюп атабы?

-Ырахмат, чоңоюп атат. Басып жүрөт, -деди Элтуйбас.

-А сен эмне келди биякка? –деди Иван бири туруп Элтуйбасты, бир туруп начальник менен солдаттарды карап таңдана.

–Ну, ладно Иван Алексеевич, не будем вам мешать. Продолжайте, -деп Семенов дароо солдаттар менен Элтуйбасты ээрчитип коридорго чыгып кетти. 

Иван жаңы эле оозун камдап сүйлөйүн деп атканда, коридордо дүпө-дүп, ызы-чуу боло түштү. Окуучулар элеишип кулак түрүп калышты.

-Силер тынч олтургула. Мен карап келейин, -деп Иван коридорду көздөй умтулду.

***

Никифоров коридорго жаңы эле кадам таштаганда, тиги башында далдактап чуркап бараткан Свердлинди, анын артынан кууп алышкан солдаттарды көрдү.

***

Свердлин короого качып чыкканда солдаттар аны кууп жетишип, баып жыгылышты.

Боз-ала чаң болуп, баш кийими жок жылаңбаш, чачы ирээтсиз саксайып калган Свердлинди кыйшыйып калган көз айнегин оңдоого чамасын келтирбей, солдаттар заматта колун кайрып ийишти. Уезддин начальниги Свердлиндин жанына барып калган эле.

-Вы зря радуетесь, Николай Петрович! – деп кыйкырды Свердлин ачыгып. –Зря традуетесь!.. Я не один, за мной тысячи людей! Тысяча киргизов!.. Они отомстят за меня!.. За нас!.. Будет пожар!.. Большой пожар!.. Они сегодня же вас всех уничтожат!

-Уводите!.. –деди начальник ачуулуу.

-Ваши дни сочтены!.. Править будем мы!.. Скоро!.. Очень скоро!.. Власть будет в наших руках! Тогда, я вас, Николай Петрович, повешу на первой же столбе!.. Запомните!.. – деп кыйкырып баратты, солдаттар дегдеңдетип сүйрөп алган Свердлин.

Элтуйбас тигилердин жанында эле.

Баятан болгон окуяны мектептин эшигинин крыльцосунда карап турган Иван Никифоровдун үрөйү учуп кетти, кадимкидей. 

-Слышали этого подонка?! –деди ачуудан таноосу кыпчылып, өңү кубарган Семенов Ивандын жанына келип. – “На первой столбе повешу” говорит. Дай им власть, Иван Алексеевич, они точно также сделают.

-Подпльщиков полностью разгромили? –деди Иван Никифоров, уезддин начальнигине карап.

-Откуда, -деди Семенов чекесинин терин сүртүп, айласы кете. –Только его одного поймли. Остальных мы незнаем. Бог знает, сколько тут их завелось.

-Что теперь будет? –дедиИван кабатыр боло.

-Незнаю... незнаю... –деди аргасы кетип турган начальник. –Ой, как на душе тревожно, Иван Алексеевич. Очень тревожно. Боюсь, что будет катастрофа!.. Эти подонки так смутили народ. Ой-ой-ой... Оказывается для них все средства хороши, лишь бы власть взять. А ведь, Иван Алексеевич, все это тделается на немецкие деньги! На деньги нашего противника! Врага! Против своего же народа!.. Как же после этого называть этих подонков людьми, а, Иван Алексеевич?! -  Начальниктин жаны түтөп кетти.  

-Форисеи они!— деди Иван алда нени ойлоп. 

-Вот, вы точно сказали Иван Алексеевич!.. Настоящие форисеи!.. Настоящие,— деп кызалаңдап ийди Семенов калч-калч этип. 

— Может быть, все обойдется?— деди Иван Семеновго үмүттөнө карап.

— Я молюсь  Богу день и ночь, чтобы все обошлось!.. – деди Семенов чын ниетинен.  Иван менен Николай Петрович бир саамга тунжурап туруп калышты.

-Иван Алексеевич, может быть вам лучше уехать в Россию? – деди Семенов Иванга карап. Иван жооп табалбай туруп калды. 

— Я вас понимаю. Боюсь Оленька ваша вас не спасет, хотя бы временно? – деди айласы кеткен начальник. Иван дагы эле эмне деп айтаарын билбей делдиреп турду. 

-Ну, хорошо Иван Алексеевич, только пожалуйста будьте бдительны. Если вдруг, что, то  сразу бегите, или спрячтесь в надежном укрытие, — дагы чыпылдап чыга түшкөн терин кол жоолугу менен сүртүп, Николай Петрович Семенов мектептин короосунан сыртты көздөй бет алды. 

Иван аны узата карап, ойго батып турду. Анан үшкүрүнүп алып, асманды тиктеди. Сургулт булуттар кайдадыр көчүп  атканын көрдү ал.  Ивандын жүзүн санаа каптап келатты.

***

Эртең менен үрүл-бүрүлдө кийими канга боелгон, бети-башы көнөктөй болуп шишиген Элтуйбас, боортоктоп жылып олтуруп, медпункттун алдына жетип, крыльцосуна эптеп көтөрүлдү да, эшигине жөлөнүп эси оой олтуруп калды.

***

Күн көтөрүлгөндө медпунктка биринчи болуп Оля келди. Кыз короого кирип келип эле, крыльцодо олтурган Элтуйбасты көрүп чочуп кетти. Чуркаган бойдон тигинин жанына келди.

-Что с вами?! –деди үрөйү учкан Оля.

-Түндө атымты жыга тартышып, сабап кетишти, -деди Элтуйбас тоодой шишиген көзүн араңдан зорго ачып.

-Кто?! –деди Оля кабатырлана.

-Билбейм. Караңгыда баамдай алган жокмун, кимдер экенин. Анын үстүнө, жети-сегизи жабылып туш-туштан чыкканда, кимисин караарымды билбей калдым, -деди үнү кыңылдаган Элтуйбас. –Силерге эптеп жеттим. 

-Ийдемте, в лазарет. Мама там, -деди Оля Элтуйбасты колтугунан көтөрүп.

***

Түн кирип Осмон жылкынын четинде болчу. Аңгыча жылкылар алда неденсестенише кошкурушуп, удургуп калышты. Осмон дароо укуругун оңтойлоп, даярдана баштады. Аңгыча: “Осмон, бул бизбиз, Арык менен Сыдык” деген тааныш үндү укту улан. 

-Эмне жаныңарга күч келди жети түндө? – деди Осмон эки курбусу жанына келгенде. 

-Жаман кабар, — деди Арык. – Кабылдар эртең түнү, таң алды менен горнизонго кол салганы жатышыптыр. Караколдогу орустардын үйлөрүн өрттөйбүз, колго тийгенин керип кетебиз деп камданып атышыптыр! 

-Чын айтып атасыңарбы?!— деди Осмон үрөйү учуп.

-Чын!.. Чын!..— деди Сыдык  шашкалактап. – Касымдын өз оозунан уктук жаңы эле.  Угуп алып эле сени көздөй чаптык. 

-Жылкыны биз көздөп туралы. Сен жөнө!.. – деди Арык Осмонго. 

-Рахмат силерге, — деди Осмон чын дилинен. Анан дароо карагерин теминип алга жүрүп берди. 

***

Осмон карагерин текиреңдетип, түн койнунда жол менен сабалап отуруп, түзөңгө түшүп кетти. 

***

Никифоровдор уктай элек болчу. Терезесинен жарык түшүп турган. Осмон таш жолду такалдатып, карагери менен Ивандын үйүнө жетип келди. 

Карагерин дарбазанын алдына таштай салып, короого секирип түштү да, аттап-буттап үйдүн крыльцосуна жетип, эшикти каккылап ийди. 

-Ким?!— деген Ивандын үнү чыкты.

-Дядя Иван, бул мен эле...— деди энтиккен Осмон. Эшик ачылып, Иван баш бакты. Осмон буйдала түштү эле:

-Кир үйгө, — деди Иван. Осмон менен Иван конок бөлмөгө өтүштү.

-Клавдия, позови Олю, — деди бет маңдайынан чыккан аялына. 

-Нет, пазавите всех, — деди Осмон.  Клавдия  кооптоно түшүп, аркы бөлмөгө кирип кетти. 

— Эмне болду? – деди Иван да кооптуу. 

-Эртеңки түнү...— деди Осмон демигип. – Башталат! Горнизонго кол салышат! Үйлөрдү өрттөшөт! 

Ошол учурда конок бөлмөгө Клавдия, Оля, Антон үчөө кирип келишти. 

-Осмон, что случилось?— деди Оля кабатыр боло кире элек жатып эле. 

-Оказывается, завтра ночью, под утро  нападут на горнизон, и начинает поджигать дома русских, — деди Иван шалдайып. 

-Что мы будем делать?! – деди Оля үрөйү уча Осмонду карап. 

-Ошон үчүн келдим силерге, бүгүн түнү менен биздикине барасыңар. Аяктан силерге эч ким тийбейт, — деди Осмон. 

-Иван, Антон езжайте вы с Осмоном. А мы  с Олей будем в лазарете, — деди Клавдия чечкиндүү. – Надо предупредить соседей, — деп Иван шашыла ордунан турду. 

— Это сделаем мы, предупреждаем соседей, уездное начальство. А вы соберитесь и уезжайте, — деп Клавдия буюм-тайымдарды чогултууга киришти.  Иван, Оля, Антон тез тезден жыйнала башташты. Осмон Оляга жардамдашып атты.

***

Жарым саат өтүп өтпөй Никифоровдордун короосундагы арабага керектүү түйүнчүктөрдү жүктөп ийишти.  Иван үйдүн сырткы ставняларын жаап,  эшикке кулпу салып ийди.  Оля менен Антон арабага отураардын алдында Клавдия менен кучакташып коштошушту.  Үйдү бекитип келген да Иван да Клавдияны чекесинен өөп:

-С Богом,— деди.

-С Богом, — деди Клавдия жооп кылып. 

Клавдия Осмондун  жанына басып келип, жигитти эки каруусунан кыса мээрим менен:

-Рахмат уулум!.. Буларды жакшылап кара, — деди.

-Кабатыр болбоңуз. Баары жакшы болот, — деди Осмон.  Анан дарбазада турган атын көздөй басты. 

Иван арабага отуруп, чегилген аттын тизгинин силкти. Араба кыйчылдап, жылып, короодон чыкты.  Клавдия атын жетелеп чыгып, дарбазаны бекитти. Осмон  менен Клавдия аттарын миништи. Жигит арабаны жандап жөнөдү.  Клавдия ат үстүндө тигилерди узата карап турду. Арабадагылар Клавдияны кылчак кылчак карашып, алыстап баратышты. 

***

Эртеси. Караколдун ичинде улам ар кайсы жеринде топ-топ болушуп атчан кыргыздар көрүнө калышып, анан кайра жок болуп кетип атышты.  Калаанын ичи жылаан сыйпагансып ээнсиреп  турду. 

***

Түш мезгили эле. Ысмайылдын боз үйүндө Иван, Оля, Антон анан үй ээлери тамак ичип атышты. Аңгыча сырттан аттардын дүбүртү чыгып, боз үйгө жакындады. Осмон дароо сыртка атып чыкты.  Боз үйдөгүлөрн демдерин ичине алышып, кооптоно сыртка кулак түрүп калышты. 

***

Осмон сыртка чыкканда жоон топ атчан эшик алдына кирип келип калган.  Баарынын колдорунда союл. 

-Эй Осмон!.. – деди топтун алдында  келаткан балжагай жүздүү жигит. – Орустарды катып отурасыңбы үйүңдө?! Чыгар бери!.. 

-Каткан жокмун, — деди Осмон токтоо. 

— Калп айтпа!..— деди тиги  көзүнөн чаары чыгып.  – Арабасы турбайбы момунда!  Эй жигиттер, сүйрөп чыккыла үйдөн орустарды! 

Жабалактаган  жоон топ жигит аттарынан түшө калышып, Ысмайылдын боз үйүн көздөй басышты.  Ошол маалда боз үйдөн Оля чыга калды. Жабырап келаткандарды көрүп жүрөгү түшүп калды, кыздын. Дароо Осмонго ыктады.  Осмон бир колу менен Оляны бекем кыса кармады. 

-Орустарды каткан жокмун деп коет!..— деди кекете тиги балжагай. – Биринчи мобул түйдөк чачын жайлагыла!  

Тигилер Осмон менен Оляны көздөй тап беришти.  

-Сарынжы! – деди Осмон өңү кумсара балжагай жүздүгө. – Ушунчаңарда тыйылып калгыла! Бул менин колуктум! 

Басып келаткандар Осмондун жаалын көрүп, ыргылжың боло токтой калышты. 

-Сен орусту коргоп атасың! Орусту катып отурасың үйүңө! – деди ызырынган Сарынжы. – Баскыла!.. Баскыла!.. Көк бөрү тартып кетебиз!..— жоон топ  жигит кайра демите басышты тигилерди көздөй.  Осмон укуругун бир колуна алып,  аларды кумсара күтүп калды.  Оля жигитке бекем жабышып турду. 

Ошол учурда үйдөн Ысмайыл чыга калды, колуна барданке мылтык көтөрүп. 

Мылтыкчан Ысмайылды көргөндө үйгө чукул кирип келген топ жигит сестенишип, токтой калышты. 

-Эй, эссиз акмак!.. – деди Ысмайыл Сарыжнини көзүнүн чаарын чыгара карап. – Сен качантан бери машаяк болуп калгансың?! Менин ким экенимди билесиңби?!  Эмеле эрдемсип турган  Саринжи эмне дээрин билбей кыйпычыктай түштү:

-Эми... Үйүңөргө... Орус катып отурсаңар... Анан...  Моминтип көз көрүнөө... 

-Мен катпайм!.. – деди Ысайыл жаалдана. – Алар менин кудам!.. Жеттиби алдагы мээңе!.. 

-Баарыбир... орус да...— деди Саринжи, каяша айтымыш этип. 

-Кулагы жок! Угуп атасыңбы кудам деген сөздү?! –деди Ысмайыл ызырына, — Же угузуп коеюнбу?! – деп мылтыгын оңтойлоп кармап, алдыга тап берди эле. Топ жигит дыргаяктап качып, аттарына жабыла миништи. 

— Дагы эскертип коеюн!..— деди Ысмайыл Саринжиге колун кесеп. – Атыңардын  башы экинчи биздин үйдү көздөй бурулчу болсо, каныңарды суудай  төгөм! Менин кандай жанкечти экенимди билесиңер!.. 

Саринжи шылкыя түштү. 

-Баргыла!.. Аман сооңордо кетип калгыла!..— деди Ысмайыл мылтыгын кесеген калыбында. 

Саринжи баш болгон жоон топ жигит дүрбөгөн арыны көздөй чаап кетишти. 

Ата-бала өңдөрү түктөйө тигилерди узата карап турушту. Олянын көзүнөн жылжып жаш кетти. 

***

Ошол эле күнү. Ошол эле маалда Каракол аскер гарнизонунун ичинде  уезддин начальниги Семенов Николай Петрович менен капитан Толкунов Григорий Михайлович кароол мунарада турушту, шаарга көз салышып. 

Шаардын улам бир жагынан жоон топ атчандар пайда боло калышып, кайра бир заматта  жок болуп кетип атышканын көрүп турушту, экөө тең.  Гарнизондун короосунун ичинде  солдаттар ок атуучу жерлерди чыңдап, кум салынган мүшөктөрдү тегерете жыйып атышты. 

-Григорий Михайлович, — деди маанайы пас начальник.— Ради Бога, только не поддавайтесь провокацию. Ни в коем случае  первым не стреляйте. Делайте только предупредительные выстрелы в воздух. Может быть тогда они одумаются и уйдут?..   Тем более они вооружены, в лушчем случае пиками, а так кроме палок они ничего не имеют на руках. 

-Я слышал, у некоторых имеется берданки, — деди Григорий. 

-Берданки же не карабин. Это  разные ружье, — деди Семенов. – В любом случае Григорий Михайлович,  пожайлуста сохраняйте хладнокровие. Не поддавайтесь эмоциям. Ну я поехал вести переговоры. Может удасться  мне  последний момент предотвротить беду. 

-Как вы поедите?! Они же вас поймают Николай Петрович!..— деди Григорий үрөйү учуп. 

-За воротами меня ждут люди Кыдыр аке, — деди  Семенов, кителинин жакасын топчулап. 

-Я знаю его, он очень уважаемый аксакал, — деди Григорий муюшуп. 

– Он сто процентов отвечает свой род.   Но  к сожалению другие же не слушается его, — деди өкүнүч менен Семенов. – Григорий Михайлович,  как же мы  с вами проглядели этого Свердлина? Во время поймали бы, этого подонка, его сообщников, не была бы все этого. 

-Да, — деди Григорий бир саамга тунжурай. 

Семенов  кароол мунаранын тепкичи менен ылдыйды көздөй түшүп кетти. 

***

Козголоңчулар Караколдун аскер горнизонуна түн ортосунда кол салышты.  Жайнаган атчандар баштарына чүпүрөп ороп туруп, күйгүзүп койгон таяктарды булгалап, караңгы түндүн койнунда туш-туштан  гарнизонго чабуулга өтүштү. 

Гарнизондун солдаттары командири Григорий Толкунов баш болуп, угуп жатышты, ар кайсы жактан топ-топ болуп жылтылдап улам жакындап келаткан отторду үрөйлөрү уча карашып. 

-Без моей команды не стрелять!— деди Толкунов тиштенип. Капитандан анча алыс эмес жерде мылтыгын ийнине такап турган Порфирий уят сөздөр менен өзүнчө күңкүлдөнүп сөгүнүп ийди:

-Б...! П..! Сейчас они протопчут нас! А мы будем ждать его команду!.. Сука!.. 

-Что ты бубнишь? – деди Порфирийдин катарында жаткан Емелян. 

-Чего жалеть этих киргизух!..  Надо всех перестрелять, как бездомных собак!.. Подряд всех!..  Надо уничтожить!.. А то нас уничтожать!..  А этот...  паршивый офицер!.. Если он не отдаст команду, я его пришью!..— деди Порфирий кыжынып. 

-Действительно чего мы ждем?!— деди Емелян да нааразы болуп. 

— Я и говорю!.. –Порфирий кыжынып алды. 

Тигил экөө мылтыктарын бетине карманышып,  келаткан кыргыздарды ызырына күтүп калышты.  Горнизондун  чебине бута атым келген чакта, атчандар туш-туштан ат коюп келишип, көз ачып жумганча короонун ичинде жайнаган оттуу таяктарды, таңгак-таңгак чөптөрдү ыргытып ийишип, кайра артына чаап кетишти.  Аскер короосунун ичи отко толуп, өрт аймап,  солдаттардын арасында заматта баш аламан кымгуут башталды.  Кээ бирлери буйрукту күтпөй эле туш келди аткылап ийишти. Көпчүлүгү өрттү өчүрө албай убара болуп атышты. 

Ошол маалда Караколдун ар кайсы жеринен жылтылдап өрт чыга баштады. 

Солдаттар өрт менен алек болуп атканда атчандар кайдан-жайдан чыга калганы белгисиз, чапкан бойдон келишип, оттуу таяктарды, таңгак-таңгак чөптөрдү короонун ичине дагы ыргыта салышып, жок болуп кетишти. 

Бир нече атчан гарнизондун короосун айлана чаап, сыртынан от коюп баратышты.  Гарнизондун короосу алоолонуп, өрттөнө баштады. Солдаттар жан далбасташып, короодон сыртты көздөй кача башташты. 

Сыртта бута атым  жерде горнизонду курчап атчан кыргыздар турушкан. 

Тышка качып чыккан  солдаттар кыргыздар тарапка ирээтсиз ок аткылашып, жан талашып туш тушка качып беришти. 

Качкан солдаттарды союлчан атчан кыргыздар кууп жүрүп, жыга чаап атышты. 

***

Григорий Толкунов солдаттарына ээ боло албай калган эле. Өңү кумсарып, оттон бети көө болуп, ырайы кеткен капитан пистолетин колунан түшүрбөй аткананы көздөй чуркады. 

Чала була өрт жармаша баштаган  атканага  кирип барып, токулгалуу турган атына ыргып минип,  тосмону аттатып сыртка чаап чыкты.  Кайра кайрылып,  атканага кирип барып, тосмону сууруп ыргытты да, артына чапты. Тосмо суурулаар замат атканадагы  бир нече ат сыртка качып чыгышып,  өрт жалмап аткан короодо кишенешип, ары-бери чуркап жүрүштү. Айрым солдаттар аттарды чекесинен кармап мине калышып, короодон тышка чыга качып атышты. 

***

Толкунов гарнизондун короосунан сыртка чыкканда ан көздөй тарсылдап атылган берданканын үнү укту.. Башындагы фуражкасын ок жырып кетти. Бирок Григорий короого кайра кирген жок. Кайда чабаарын боолголоп бир аз буйдала калганда он чакты солдат артынан кошо чыга калышты.

-Впередь! –деди Толкунов солдаттарга буйрук берип. –Прорвемся!

Содаттар курчап тургандарды көздөй ок жаадырышып жөнөштү. Караңгыда жылт-жулт эткен октор алыс-алыс учуп атты.

Солдаттардын жарымы менен Толкунов курчоодон чыгып кетти. Бирок курчоону жарып берген солдаттардын бирөө да тирүү калган жок. Оттун жарыгындабаштарына союл тийип кулап жыгылган солдаттарды көрдү, качып баратып артын кылчак-кылчак караган капитан.

***

Григорий Толкунов өрттөнгөн түнкү Караколду аралап атын сабалап кетип баратты.

***

Аскер гарнизоннуну чок ортосуна жайланышкан лазаретке жарадар болгон солдаттарды соолору жөлөп-таяп алып келип атышты.

-В подвал!.. В подвал!.. –деп Клавдия жарадарларды төмөн түшүрүп атты. Алардын арасында Порфирий менен Емельян да бар болчу.

***

Таңга жуук өрттөнгөн гарнизондун короосуна атчан кыргыздар чаап кирип келишти.

***

Козголңчулар лазареттин палаталарынын биринен сала бирин ачып көрүп жүрүшкөн убакта, анын подвалында Клавдия жыйырма чакты жарадар жана Элтуйбас менен олтурган, улам-улам жогору жакка жүрөгү түшө кулак төшөп.

***

Таң куланөөк тарткан маалда качып келаткан капитан Толкунов карагай-черди аралап кирип кетти да, атынан түшүп, басмайылын бошотуп коюп, сууга барып көө болгон бетин жууду да, өңү кумсарып таштын үстүнө олтура калды, үстү али көгөрө элек капкара көлдү тиктеп.

***

Григорий керелди-кечке караган чердин арасында жатты, жашынып. Күүгүм кирээри менен атына минди да, түн жамынып жолго чыкты.

***

Капитан түнү боюу сабалап олтуруп көлдөн чыгып кетти.

***

Эртеси кечке жуук Григорий Толкунов Верный шарына кирип келди. “Город Верный” деген жазуунун жанына токтоп, тээ төмөндө бытылдап жаткан шаарга көз сала, байыр ала түштү да, анан атын теминген бойдон жөнөп берди, калааны көздөй.

***

Кийинки күнү эртең менен төрт жүз-беш жүз куралдуу атчан, пулемету бар тачанкадан турган жазалоочу отряд Верный шаарынан ашыга сапарга чыкты.

Отряддын алдында капитан Толкунов менен майор Федотов келатышты.

-Кстати, Григорий Михайлович, вам известно, что уже получили депешу? –деди майор Толкуновго карап.

-Что за депеша? –дедикабагы бүркөө келаткан капитан.

-Карательный отряд Туркестанского военного округа вошел в гоод Пишпек и чуйскую долину. Начали проводить операцию против повстанцев.Боюсь, что пока мы прибудем в Каракол, туркестанские каратели уже будет там.

Толкунов кабагын сала унчуккан жок.

-Говорят, восставшие сожгили, кроме вашего гарнизона и русские дома? –деди Федотов суроолуу.

--Кажется выборочно,  -деди капитан. –В основном пострадали дома зажиточных русских.

-Ну, тогда понятно, чья рука в этом задействована, -деди Фетотов, кыжырлуу.

-Да, мы поймали одного подпольщика-подонка, -деди Толкунов кабагы бүркөлө, тигинин оюн бышыктап.

-Я не понимаю, -деди Фетов, нааразы боло. –Почему с этими революционерами либеральничаем?!. Что за политические игры с этими экстремистами?!.

-Это не игры, Егорь Владимирович, -деди Толкунов дагы эле кабагы бүркөө. –Их раскрыть очень сложно. У них очень мощная конспирация.

-Да-а, им нужна власть... любой ценой... Боже мой, боже мой... -деди Федотов башын чайкап. 

Андан соң экөө бир далайга унчукпай калышты. 

***

Түшкө жуук. Боомдун  ичинде Ташкент тараптан жазалоочу отряд келатты.

***

Кыргыз айылдары тынч ала албай жаткан: үйүн чечкени үйүн чечип, күтүрөгөн жигиттер топ-топ болушуп атка минип алышып, союл, чочмор баш кармашып, кайдадыр кетип атышты.

***

Бешим ченде жазалоочу отряд кыргыздардын бир айылынын четине келип токтоду. 

Ошол учурда атчан топ жигиттер буктурмадан чаап чыга калышты, ат коюшуп. Солдаттар дароо ок жаадырып ийишти!

***

Бир аздан соң ок тийип жарадар болуп, ак көйнөгү канга боелгон, сынган укуругун колунан түшүрбөй көтөргөн жигит айылды аралап кутургандай кыйкырып чаап келатты:

-Кырып таштады!.. Солдаттар бизди кырып таштады!.. Биякка келатышат!.. Качкыла!.. Кырыласыңар!.. Кырып таштайт, баарыбызды!..

Анын артынан дагы беш-алты жигит коштой чаап кирип келип калышты, канжалашып. Алар чаап келип эле четки боз үйгө түшө калышты.

 

***

Айылдын эли бир паста  кымгуут түшүп кетишти. Кээ бирлер боз үйүн жылаңачтап, кээси атка-төөгө жүк жүктөй башташты. 

 Жарадар жигит боз үйлөрдүн бирине чаап келгенде анын алдынан үрөйү учкан апасы тосо чыкты. 

-Токтосун?!. Токтосун?!. Катыгүн, сага эмне болду?!.-деди апасы  көзүнөн жаш кетип.

-Атышты, апа!.. Атышты!.. Баарын ит аткандай  атып ташташты!..  Эч кимди аяр түрлөрү жок!..— Токтосун, атынын үстүндө көзү караңгылап. Ошол убакта боз үйдөн башына жоолук салынган Жамбы чыга калды. Токтосунду көрүп, жүрөгү оозуна капталды анын. 

-Түш балам!.. Түш аттан!..— деди апасы уулун аттан түшүрүүгө аракеттенип. – Жамбы жардамдаш. 

Жамбы чуркап келип жардамдаша кетти. Экөөлөп Токтосунду аттан түшүрүшүп, жерге жаткырышты. 

-Эмне кылалы балам?!-деди апасы уулуна үзүлүп түшүп. Жамбынын көзүнөн жаш мөлтүрөп чыга түштү. 

-Мени карабай жыйнала бергиле, апа! Баргыла!.. Тез! Тез жыйналгыла!.. – деди Токтосун онтоп. 

-Уулум, а сенчи?!.— деди айласы кеткен апасы. 

-Апа, турбагыла бул жерге!.. Силер түшүнбөй атасыңар!.. Азыр эле кирип келишет!.. Эч кимиңерди аябайт!..— деди Токтосун тиштенип. 

Эки аял алдасташып боз үйдү көздөй чуркашты. 

-Жамбы, — деди Токтосун. Үй тарапка жүгүрүп бараткан Жамбы токтой калып, артына суроолуу кылчайды. 

-Суусундук алып келчи, — жигит кеберсиген ээрдин тиштеп койду. Жамбы боз үйгө кирип кетип, колуна сыр кесеге куюлган кымыз алып кайра чыга калып, Токтосундун жанына жетип келди.  Токтосун кымызды ичкиче  жанында карап турду, үйрүлүп. 

-Жамбы,— деди Токтосун кесени ага узатып атып, — Кокус көз жумуп кетсем...

-Антип айтпа!.. Антип айтпачы!..— деп башын чайкап, ыйлап ийди Жамбы. 

— Не бар, не жок,— деди Токтосун, шайы оой, — кокус ошондой болуп калса, башың бош. 

-Жок!.. Жок!..— деди Жамбы көзүнүн жашын буурчактатып. 

-Боюңдагы бала эркек болуп калса, ата-энеме ташта, кыз болуп калса өзүң менен кошо ала кет, — деди Токтосун,  шайы улам кетип. 

-Сен жашайсың!.. Жаман сөздү айтпачы!..— деди Жамбы жашына муунуп. 

-Бар эми, апама жардамдаш, — деди Токтосун. Жамбы ыйлаган бойдон, колуна кесени алып боз үйгө чуркады. 

Аңгыча жазалоочу отряд  айылга  кирип келди. Отряддын алды айылга жете бергенде бая четки боз үйгө түшө калышкан жигиттердин эки үчөө сыртка чыга калышып,  тигилерге каршы союл ала чуркашты. Солдаттар аларды аттары менен омуроолото жапшырып келип, кылыч менен сулата сулата чабышты. Эки үч солдат четтеги боз үйдүн үзүгүн сыйрып ийишти,  атчан келишип.  Ичинде жарадар болуп жаткан жигиттер  кала беришип, бала бакыра, кемпир-чал, кыз-кыркын, үрөйлөрү учуп, ыйлап сыктап качып беришти, сыртты көздөй. 

Ансыз да айылдын ичи ааламатка түшүп,  кыйкырыкка, ыйга, ызы –чууга толуп, эл талаалап качып атты туш-тушка. 

Четки боз үйдөгү жарадар жигиттер оорундарынан козголгуча эле, солдаттар ат үстүнөн туруп, ок чыгарып ийишти. Тигилер орундарында эле жайланып калышты. 

Солдаттар  четки үйдү тегеректеп  аткан маалда Жамбы  боз үйдүн жаңы эле чечилген үзүгүн сүйрөгөн боюнча  Токтосунду көздөй чуркады. Жетип эле чыканактап тургусу келип аткан күйөөсүн ишаарат кылып “жат” деди да, үзүк менен жаба салды.  Өзү кайра боз үйдү көздөй чуркады. 

Бир аздан соң үзүктүн жылчыгынан топураган атчан солдаттардын жанына келгенин туйду, Токтосун. Солдаттардин аттарынын биринин туягы ал жабынып жаткан үзүктүн четин тепсеп турду.  Токтосун дымын чыгарбай  тигилерди эмне кылаар экен деп күтүп жатты. Кыйладан кийин атчан солдаттардын аттарынын туяктары алыстап кетти. 

Токтосун үзүктү акырын жылдырып ачты да, башын чыгарып, эки жагын карады.  Айыл кыйрап, ар кайсы жерде жигиттердин өлүктөрү сулап жатканын  көрдү, ал. Айыл ичи каңгырап ээн эле. Жамбы боз үйдүн керегесин  эки колу менен мыкчый кармап, нес болгон немече отуруптур. Жарадар жигит оордунан эптеп туруп, келинчегин көздөй темтеңдей басты.  Жамбы Токтосунду көрүп, бакырып ийди да, колун керегеден чыгара албай,   эчкирип ыйлап кирди. Күйөөсү Жамбыга жетип, аялынын карышып калган колун чыгарууга киришти. 

-Эмне болду сага? – деди Жамбынын колун чыгаралбай аткан Токтосун.

-Жүрөгүм түшүп калды солдаттардан!.. – келинчеги ыйлоого да дарманы келбей турду. 

-Апам кана? – деди Токтосун келинчегинин карышкан колун эптеп жасып. 

-Билбейм...  Качкан... А мен кача албай калдым... – солуктап атты Жамбы. 

***

Жазалоочу отряд улам бир айылга кирип барып, каршылык көрсөткөн жигиттерин атып бараты. 

***

Качкан эл самсып, аттуу-жөөлүү болуп, мал-жанын алып жолго түштү. 

***

Тоо таянып калган качкындардын алдынан Кыдыр аке тосо чыкты. Эл Жамбынын атасы Сайдиндики эле. 

-Ыя айланайындар, дүрбөп кайда кетип атасыңар?!— деди Кыдыр Сайдин менен саламдаша  элек жатып эле. 

-Кытайга Кыдыр аке, — деди Сайдин  башын шылкыйтып. 

-Эл ач бел, куу жондо калбайбы! – деди кейип.

-Эмне кылабыз анан?! Кырылып калмак белек?!. Эр жигиттерибиздин баары солдаттардын огуна учту!— деди Сайдин каңырыгы түтөп, көзү жашылданып. 

-Карапайым эле тийбейт солдаттар. Ушинтип бүлүнбөй эле тура турсаңар болбойт беле, — деди Кыдыр аке жаны кейип. 

-Уулдарыбыз окко учуп атса биз кантип карап турабыз?! Анын үстүнө, тээтиги Чүйдөн бери эл үркүп, Кытайга качыптыр. Аларды аябаган солдаттар, бизди жөн коймок беле, Кыдыр аке, — деди Сайдин. – Кошуңуз, күн жарыкта бел ашып кетели, — жолго түштү ал. 

Кыдыр аке  үрккөн элди карап, каңырыгы түтөп, көзүнөн жаш тегеренип турду. 

***

Толкунов Верныйдан алып келаткан отряд түш оой  Кыдыр акенин айылына кирип келди. 

Ак желек көтөргөн Кыдыр аке жоон топ кишини алып, отряддын алдынан тосо чыкты. 

-Кто это человек? – деди Федотов Толкуновдон. 

-Кыдыр аке. Он один из самых уважаемых людей. Волостной, — деди Григорий. 

-Хочет откупиться наверное, — деди Федотов мыйыгынан. 

-Его  род, не участвовал в востание,— деди Толкунов кабагын түйө. 

-Неужели? – деди Федотов ишенкиребей. 

-Да,  — деди Толкунов. 

-Значит он оказался мудрее всех, — деди Федотов таң кала башын чайкап. 

-Поэтому его называют аке, — деди Толкунов. – “Аке” говорят обычно киргизы только мудрых и справедливых людей. 

***

-Небезспокойтесь, ни кто ваших людей не тронет: ни военные, ни суды. Спокойно живите аксакал, — деди Федотов Кыдыр акенин төрүндө кымыз ичип отуруп. 

Майор менен Кыдыр акенин ортосунда баягы Акылбек тилмеч болуп берип атты. 

-Мен тээтиги, бир аз кызуу кандуулук  кылып ийишкендерге санааркап атам. Эл-журт бүлүнүп, үркүп жөнөдү. Ошол ач-бел, куу-жондо калса эмне болот деп кейип атам, -— деди Кыдыр аке майорду карап.  Акылбек дароо которуп бере салды. 

-Солдаты должны усмирить только тех, кто воюет против нас. Кто напал на солдат,                кто оказывает вооруженное сопротивление. А мирные население  мы не имеет право трогать. Поэтому, общими силами, мы с вами должны проводить, среди гражданского население, разяснительную работу. Ни кто  их, ни куда не гонить, -деди майор, Кыдыр акеге карап.  – Но к сожалению, при любом вооруженном столкновение, обычно очень много бывает беженцы, среди гражданского население.  Естественно, они боятся за свою жизнь, за жизнь близких, родных.  Я их, как человек прекрасно понимаю. Но аксакал, еще раз я вам говорю, мы не имеем право  и не будем стрелять в гражданское население.  Это будет  как военное преступление. Поэтому надо срочно успокоить людей.  Наша задача подавить  вооруженное восстание. 

-Дүрбөп калган элди кыйын экен, — деди Кыдыр аке кейип. – Качкан элдин канчасы менен сүйлөштүм. “Качпагыла, коркпогула” деп, жалынып-жалбарсам да, уга түрлөрү жок. Эл катуу коркуп калыптыр. 

-Это очень печально, — деди башын чайкап Федотов.

***

Отряд Кыдыр акенин айлында бир аз өргүгөндөн кийин, кайрадан Караколду көздөй жол  тартты. 

***

Отряд Караколго  кирип келип,  дароо эле уезддин начальнигинин  которасына бет алды. Контора өрттөнгөн болчу.  Отряд бир аз байыр ала  калганда эле,  конторанын бет маңдайындагы жер  төлөнүн эшиги ачылып, уезддин начальниги, дагы үч-төрт  кызматкер чыга калышты.

-Майор Федотов, -деп өзүн тааныштырды отряддын командири.-Все эти дни сидели в подвале, -башын чайкап койду Федотов.

А что остается нам делать?  -деди деди петр Николаевич Семенов, үстү-башын оңдоп. Ал кадимкидей жүдөй түшкөн болчу, сакал-муруту өсүп, жаагы кабырылып.

-Прошу вас, только не проявляйте жестокости. Мы с Григорием Михайовичем очень хорошо знаем – местное население ни в чем не виновата.  Их подтолкнули  подпольщики: большевики и всякие революционеры – враги России, — деди убайым жеген начальник  Федотовго карап. 

-Подтолкнули, не подтолкнули – бунт есть бунт Петр Николаевич. Мы приехали подавить восстание, а не оказывать милосердие! – деди майор Федотов начальниктин сөзү жакпай калганын билгизип. – Все бунтовщики  получат по заслугам! А мирные население может жить спокойно.

-Все таки, — деди начальник өтүнүч кыла, — Пожалуйста, будьте гуманнее. 

-Мы солдаты,  а не сестры милосердие! – деди Федотов чорт сүйлөп. Анан атын капталган теминип жөнөп берди.

Начальник  бирде отряддын артынан карап, бирде өрттөнгөн конторасын тиктеп шалдайып турду. 

***

Ысмайылдын боз үйү. Коломтонун боюнда Ысмайылды тегеректешип Иван, Оля, Антон отурушту.  Иван дептерин алып, Ысмайылдын айткандарын жазып аткан. Кенжеке сабаа бышып, улам тигилерге кулак түрөт. 

-Тээ төмөндө, күңгөй тарапта  Чолпон-Ата деген жер бар. Кышкысын дээрлик кар түшпөйт. Бейиштин төрүндөй болгон жер.  Ошол Чолпон-Атанын тоосун карасаңар чокусунун бир жак бетинде кыз, бир жак бетинде карыя атасы жатат, — деп сүйлөп отурду Ысмайыл.

-Кызык экен, — деди Иван дептерине жанталаша жазып. – А эмне үчүн? 

-Себеби... – деп Ысмайыл сөзүн жаңы эле улаганда топ аттын үнү чыга түштү. Үйдөгүлөр үрпөйө кулак түрүштү. Дүбүрт жакындап келип, боз үйдү качырата жөөлөдү. 

-Үйүңөрдөгү орустарды алып чыккыла бери!..— деди өкүм үн угулду боз үйдүн сыртынан. 

Иван менен Антон коркуп кетишти. Оля ээрдин кесе тиштеп унчуккан жок. 

-Ушул акмактардыкы өттү!..-деди Ысмайыл ызырынып. Анан керегеде илинип турган берданкасын ала коюп, сыртты көздөй жөнөдү. Ысмайыл эшикке чыгаар замат эле мылтыктын үнү “тарс!” этти.  Аттарын дүбүртүп  топур—тупур болуп алыстап кетти. Ысмайыл кайра кирди боз үйгө.  

-Кимдер экен? – деди Кенжеке жүрөксүнө. 

-Караңгыда таанылбайт.  Топ атчан, — деди Ысмайыл. Анан коломтонун боюна көчүк басты да мылтыгын жанына койду. Ал демин басып, жаңы эле сөз баштайын дегенде Иван:

-Исмаке, — деди. – Бул жер бизге жай болбой калды. Силерге да аябай кыйын болуп атат. Биз кетели Караколго. Клавдиядан санаабыз тынбай атат. 

-Жок, — деди Ысмайыл.—Силерди коргоп калганга кудуретибиз жетет. 

Иван кыйылып турса дагы аргасыз унчукпай калды. 

***

Эртеси түшкө жуук. Ысмайылдын үйү. Чамгарактан түшкөн күндүн нуру боз үйдүн ичин жапжарык кылып турду.  Ысмайыл эрмектеп чылгый чаначты ийлеп, Кенжеке тери өңдөп отурган. Иван, Оля, Осмон, Антон аларга кол кабыш кылып атышкан. 

-Бул серкенин териси, — деди Ысмайыл Иванга кобурап. – Ушинтип туюк союлат. Муну жакшылап ийлегенден кийин, ыштап коебуз. Анан Кудай буюрса бакыйган чоң чанач болот. Он көнөчөк кымыз бата турган. Олям менен Осмонум силерге кымыз жеткирип турушат ушул чанач менен. 

Осмон менен Оля бири-бирине жылмая карап коюшту. Ошол учурда чукул эле жерден аттардын дүбүртү угулду. Боз үйдөгүлөр үрпөйө түшүштү. 

-Дагы келатышабы баягылар?!.  Ушулардыкы өттү!.. – жаны кашайган Ысмайыл чаначты жерге кое салып, берданкасын алды да сыртка  жөнөдү, ачуусу менен. 

Ысмайыл боз үйдүн эшигин ачып баратканда сыртка чыгалекте эле мылтык тарс этти. Боз үйдүн эшик жапкычы ичкери кире түшүп, үйдүн ичине чалкасынан жыгылган Ысмайылдын денеси сулап калды. 

-Коку-уй! – деп Кенжеке  чаңырып ийип, Ысмайылдын үстүнө түшө калды. 

Осмон аттап-буттап сыртка жөнөдү. Оля аны бучкактап, “Осмон!.. Токто!... Осмон!..” деп кошо чуркады. Иван оозунан кан жылжыган Ысмайылдын башын жөлөй калды. Мындайды көрбөгөн Антон бышактап ыйлап, бурчка корголоду. 

Осмон менен Оля боз  үйдөн сыртка удаа чыгышты. Жигит чыга калып эле өзүн карап сунулуп турган мылтыктын оозун көрдү. 

-Стой!.. Не двигайся!.. – деп кыйкырды бирөө. Ошондо гана Осмон ат үстүндө турган Григорий Толкуновду анан атчан солдаттарды баамына түшүрүп селейип туруп калды.

-Гриша?!-деп кыйкырып жиберди жүзүн жаш жууган Оля. – Что вы наделали?!. Они же защишали, спасли нас!.. 

-У него была ружье, — деди Толкунов  Осмон менен Оляны алмак-салмак кабагын түйө карап. 

-Этим ружьем они нас защишали!.. – деп жаны ачып кыйкырды Оля. 

Аңгыча боз үйдөн Иван менен Кенжеке чыга калышты сыртка. 

-Мыкаачылар!.. Мыкаачылар!.. Силерге  эмне жамандык кылды ыя?!.— деп ый аралаш солдаттарды жек көрө карады Кенжеке. 

-Апа!.. Апа!.. – деди Оля Кенжекени кучактап.— Булар билбестиктен  ушинтишти!.. Апа!.. 

-Ылайым жакшылык көрбөй калгыла!..  – деди Кенжеке Олянын сөзүнө көңүл бурбай, маңдайында тургандарды жек көрө карап.  Иван өзүн аябай ыңгайсыз анан күнөөлүү сезип турду. 

-Осмон,  что теперь будем делать? – деди  Оля  Осмонго жаштуу көздөрү менен жалооруй карап.  Осмондун жүзү түктөйө Григорийди жеп жиберчүдөй тиктеди да, унчукпай шарт бурулуп, боз үйгө кирип кетти. Апасы артынан кошо кирди. 

-Что, ошибка вышла? – деди Федотов Григорийге карап.

-Да,— деди Григорий өкүнүчтүү. 

-Ваша ошибка нам очень дорого обойдется! – деди Иван кыжаалат боло. Өзөгү өрттөнүп аткан Оля солуктап ыйлап боз үйгө жөлөнүп турду. 

***

Иван Никифоров кызы менен уулун алып, отряддын артынан баратты  араба менен Караколду көздөй. Ивандын кабагы салыңкы эле. Оля тынбай ыйлап алган. 

***

Эки-үч күндөн соң Ысмайылды бейитке коюшту.  Бейиттин жанында Осмон томсоруп турду. Осмондун жанында Арык менен Сыдык бар эле. Аңгыча Кабыл менен жоро-жолдоштору Осмонго чапкылаган бойдон жетип келишти.

-Атаңдын кунун кууйсуңбу? – деди Кабыл.— Же унчукпай кала бересиңби?  

-Кууйм! – деди ызалуу Осмон, Кабылга тик карап. 

-Жүрү анда биз менен, солдаттарга кол салабыз!-деди Кабыл, атынын башын буруп. Осмон ары жакта турган карагерине жетип, секирип минди да капталга теминип, тигилерге кошулуп чапкан бойдон кетти.

Арык менен Сыдык баштарын чайкап карап кала беришти. 

***

Качкындар аттуу-жөөлүү болуп чубап баратышкан. Алардын артында колдорунда союлу, айрымдарында бирин-серин мылтыгы бар кыргыз жигиттер жазалоочу отрядды  буктурмада күтүп турушту. Арасында Кабыл, Касым, Осмон бар эле. Осмондун колунда барданка. 

Федоровдун отряды капысынан тумшуктун  ары жагынан чыга калды. Буктурмада турган кыргыз жигиттер  демдерин ичине алып, тигилерди күтүп турушту. Астыда келаткан Григорийди  көргөндө Осмондун жүзү кубара  ызырынып алып, дароо атасынын берданкасын колуна алды. Осмон мылтыгынын кароолуна Григорийди илинте албай атты. 

-Берилеп келе түшсүн, — деди Кабыл жанындагыларга. – Капысынан туруп ок чыгаргыла. Буйдала түшкөндө союлчандар каптап кетебиз! 

Осмондун мылтыгынын кароолу Толкуновдун так чекесине кадалды.  Жаны ачынып турган жигит, эч кимди күтпөй эле машааны басып ийди. Ок Толкуновдун  кулак түбүнөн чыркырап учуп өттү.  Григорийдин бетинен билинээр билинбес кан чыга түштү. Отряд дароо токтоду да солдаттар аттарынан түшө түшө калышты.Пулеметчон тачанка дароо бурулуп, ок чыккан тарапты мээлеп калды. 

Кыргыз жигиттер Осмондон соң бирин-серин ок чыгарып ийишти. Ошол замат пулеметтон тигилерди көздөй ок жаай баштады.  Мындайды көрбөгөн жигиттер буктурмадан чыгышып, туш келди качып беришти.  Айрымдары  качып баратып, ат үстүнөн ок чыгарганга да үлгүрүштү.  Жигиттердин эң артында буктурмадан Осмон чыкты.  Ал атын өрдү көздөй салды да, кыялай түшүп, артына кылчайды. Дүрбү салып карап турган Григорийди көрдү ал.

Григорий дүрбүсүнөн Осмонду көрүп бир аз таң кала түштү:

-Осмон?!.— деп күбүрөндү ал ичинен. Жигиттин артынан кууган жок. 

— По коням!.. – деп кыйкырды баятан атынын капталында эңкейип жашынып турган Федотов. Өзү да дароо ээрине оңолуп минди. Солдаттар аттарына минишип, качкан жигиттердин артынан кууп жөнөштү. 

***

Көтөрүлүшчү жигиттердин көбү тоо менен келип, көчүп бараткан качкындарга аралашып кетишти. Качкындар дароо бытырап, туш-тушка качып беришти.  

***

Атчан солдаттар көтөрүлүшчүлөрдү кууп жөнөшкөн чар тарапка. Порфирий менен Емелян жарадар Толкуновдун артынан түшүп баратышкан. Ошол учурда Токтосун Жамбы экөө кол кармашып качып баратышкан. Эли жок ээн колот эле. Келинди көргөндө көңүлү бузулуп, Порфирийдин көзү кызарып, сугу арта, шилекейин кылк жутуп алды.

-Что, догоним? – деди Емельянды карап. 

-Ладно, — деди Емельян бир аз кыйылып. Анан эки казак орус аттарын текиреңдеткен бойдон күйөөсү менен аялынын артынан кууп жөнөштү. Куугун келатканын көрүп Токтосун менен Жамбы ого бетер жанталашып, качып жөнөштү, аңды-дөңдү карабай. Тигил экөө бир заматта чаап жетишип, Порфирий Токтосунду  кылыч менен бир шилтеп өттү. Канжалаган Токтосун жерге үстөмөнүнөн жыгылып, былк этпей калды.  Анан Порфирий  алыстап качып кеткен Жамбынын астынан торой чапты аты менен. Келин каяка качаарын билбей титиреп турду. Порфирий  атынан секирип түштү да, чылбырын  Емельянга кармата салып, өзү келинди шап билектен алып, бакырып-кыйкырганына карабай шарт көтөрдү да чоң таштын артын көздөй жөнөдү. 

***

Порфирий Жамбыны таштын артына   чалкасынан жаткыра салып, “каршылык көрсөтсөң өлөсүң!” дегенчелик кылып, мылтыгын кесеп койду. Жаш келин коркконунан титиреп, үрөйү учуп жатты.  Порфирий  энтелеп келиндин этегин ачып, кийимин түрүп, көрүнгөн жеринен өпкүлөп кирди. Анан дароо курун чечип ийип,  тизелей калып, Жамбынын балтырларынан алганда мылтыктын тарс эткен үнү чыкты да, Порфирийдин көзү алая өзү селдейе түшүп, артына кылчайды. Он метрче жерде  эки солдаттын коштоосунда Григорий турган. Колундагы  тапанчанын оозунан билинээр-билинбес түтүн чыгып аткан. Порфирий мойну кайрылган боюнча жерге шалак кулап түштү. 

-Мразь!.. – деди Григорий ызырынып. Анан жини менен атынын мойнун бурду да артын көздөй чаап жөнөдү. Жамбы оордунан туруп, калтырап-титиреп, үстү башын оңдоп, бышактап ыйлап, өлүп жаткан күйөөсүн көздөй сендиректеп басып жөнөдү. 

***

Оля убай-чубай үрккөн элди кейиштүү карап, Ак-Суу капчыгайынын  ичиндеги  карагай чердин ичинде турду атчан жашынып, кимдир бирөөнү күткөн сыяктуу.  Көчтүн арасында кара кийинген Жамбы көзүнө чалдыкты. Бирок, Оля аны тааныган жок. Тек гана аяй карап койду. Бир аздан соң Кабыл, Касым сыяктуу куралчан жигиттердин арасында берданкасын асынып, колот өрдөп келаткан Осмонду көрдү Оля. Осмондор үрккөн элдин артында келатышкан, жазалоочу отряддын жолун тосуп. 

Тээ ойдо, Толкунов менен Федотов жазалоочу отряд тигилердин соңунда келаткан. Осмондор тушуна жете бергенде Оля атын теминип, карагай чердин арасынан чыга келди. Топ жигит чочуп кетишип, куралдарын белендеп калышты. 

-Осмон!-деди Оля ачык жерге кирип, атынын тизгинин тартып. 

-Оля?!— Осмон таң кала түштү. Анан жигиттерден бөлүнүп Олянын жанына келди. Курбулары Оляны жаман көздөрү менен карашып, андан ары узашты. Осмон менен Оля бир азга тиктешип, үн-сөзсүз туруп калышты.

-Эмне келдиң? – деди Осмон кабагын түйө. 

-Осмон, — Олянын көзүнөн жаш тегерене тамагы буула түштү. – Мен сен кетсем болобу? 

Осмон Оляга дагы таң кала карады.

-Мындан ары экөөбүздүн жолубуз эки башка, — деди Осмон кыздан көзүн ала качып. 

-Я тебя люблю... – кыз эчкирип ыйлап ийип, ызалыктын жашына муунуп, Осмонду жалооруй карады.  – Осмон... 

-Жок, — деди Осмон башын чайкап. 

-Осмон... деди Оля, жашын тыя албай. — Как я буду жить без тебя?!. Возьми меня собой!

-Жок. Кош... –деди Осмон так кесе. Анан атынын тизгинин силкип алды да, буруп ылдамдай бастырып, курбуларынын артынан кетти. 

Оля Осмонду жаштуу көзү менен узата карап, заманасы куурулуп, эмне кылышты билбей ыйлап турду. 

Аңгыча аскер отряды Оля турган жерге жете келди. Оляны көрө коюп отряддын алдында келаткан Григорий чочуп кетти.

-Барышня, вы не видели, куда ушли бунтовщики? –деди атынын үстүнөн обдулуп Федотов.

Оля жооп берген жок, атын теминип, алдыны көздөй бастырды.

-Барышня... –деди Федотов кайталап.

-Я спрошу, -деди Григорий Толкунов Федотовго кайрылып. Анан атын теиминип Олянын жанына бастырып келип:

-Что с вами?-деди.

-Ничего... –деди Оля солуктап. 

-Вы расстались? –деди Григорий Толкунов маанайы пас.

-Да... – деди Оля, тамагы ого бетер буула, башын ийкеп. Анан өзүн колго алып, үнүн акырын чыгарып:

-Если вы, Гриша, не Кассий Кольхаун и не мерзавец... то они должны уйти целыми и не вредимыми, -кыз жаштуу көздөрү менен Григорийге жалооруй карады.

Толкунов эмне дээрин билбей калды.

-Идите домой, деди анан Григорий Толкунов, маанайы пас. — Будьте осторожны. 

Ушинтти да атынын моюнун буруп, кайра отрядды көздөй желдирди. Оля үн-сөзсүз, көзүн жаш жууп, жолун улады.

-Что она сказала? – деди Федотов, Григорий жакын келгенде. 

Григорий адегенде  буйдала түштү, анан атайлап жөтөлүп ийди:

-Она говорит, что тут только беженцы проходили. А восставшие ушли на ту сторону горы, -капитан карагай-черлүү тоону көздөй колун жаңсады.

-Она точно так сказала? — деди Федотов ишеңкиребей.

-Точно,-деди Григорий кабагын чытып.

-Ну что ж, они от нас не уйдут, -деп Федотов Григорийди сынай тиктеп турду да, атынын башын карагай-черлүү бетти көздөй бурду.

Отряд аттарынын башын бурушуп командирининн артынан жөнөштү.

Оля бара түшүп, дөңгө чыга берип, артына кылчайып карап, отряддын карагай черге кирип баратканын көрдү. Атынан түшүп, чылбырын кармап, тизесин кучактап, дөңдө отуруп калды, суз тартып. 

***

Бир жылдан кийин. Кытай. Үч-Турпан. Хуан Вэйдин үйү.  Хуан Вэйдин кызы  үйүнүн терезесинен бак кыркып жүргөн Осмонду суктана карап турду да, анан сыртка чыкты.

Осмондун жанына басып келди. 

-Осмон,-деди кыз. – Эгер сиз каршы болбосоңуз, атам экөөбүздүн тоюбузга кам көрсөмбү деп атат, — кыз жигитке жароокөрлөнө карады. 

-Сянь Ху,— деди Осмон. – Мен сизге тең эмесмин. Мен сиздин атаңыздын кызматкеримин да. Анан сиз кантип мага турмушка чыгасыз? 

-Эч нерсе эмес, — деди Сянь Ху жылмайып. – Сүйүү бай-кедейге карабайт. Мен сизди сүйөм.  Сиз да мага кош көңүл  эмес болушуңуз керек деп ойлойм. 

Осмон эмне деп айтаарын билбей бак кыркканын улантты. 

-Бүгүн кечинде атам сизди анан апаңызды биздикине чакырат, акылдашканы, — деди Сянь Ху. 

Осмон унчуккан жок. Жумушун жасап атты. Сянь Ху Осмондун ар бир кыймылын суктана тиктеп, жигиттин жанында турду, бактарын колу менен сылагылап. 

***

Ошол түнү. Жакшы кийимин кийген Кенжеке Хуан Вэйдин үйүнөн көңүлү көтөрүңкү чыкты. Хуан Вэй өзү узатып койду аны. Үйдүн сыртына чыгып,  Кенжеке Хуан Вэйге кайра кайра жүгүнүп коштошту. 

***

Кенжеке үйгө киргенде Осмон уктай элек болчу. Шыпты тиктеп, ойгоо жаткан. 

Сүйлөштүңүзбү апа, — деди Осмон шыпты тиктеген калыбында. 

-Ооба балам, кудай буюрса эки-үч айдан кийин Сиян Ху экөөңдүн үйлөнүү тоюң боло турган өңдөнүп калды,— деди Кенжеке шам чыракты алып атып. 

-Апа,  мен Сиян Хуга үйлөнбөйм, — деди Осмон шыпты ойлуу тиктеген боюнча. 

-Эмне үчүн? – Кенжеке шамчыракты кармаган бойдон уулуна суроолуу тигилип калды. 

-Апа, Кыргызстанга көчүп кетип калалычы, — деди Осмон оордунан обдулуп туруп, төшөгүнө отуруп. 

-Кантип кетебиз балам? Ак падышанын солдаттары жаныбызды коебу? Мен деле эки көзүм төрт болуп турат, жерибизге кайра кетсекпи дегенде. Бирок, айлабыз канча, — деди Кенжеке улутунуп. 

-Көп эле айылдар үркпөй-этпей  эле калып калышпадыбы  апа. Кана, аларга солдаттардын тийгени? – деди Осмон Кенжекени ишендиргенге аракеттенип. 

-Алар солдаттарга каршы курал көтөрүшкөн жок да, — деди апасы. 

-Баарыбир апа, кетели. Бара көрөбүз, маңдайга жазганын, — деди уулу мойноп. – Өлсөк да өз жерибизде өлөлүчү, апа! 

-Аныңа деле макул, — деди Кенжеке кыйылып.  – Бирок, мына бу Хуан Вэй экөөбүздү оңой менен кое берер бекен?  “Силер тентип келгенде баш калкалатып алсам.  Анысы аз келгенсип кызымды алып берейин деп турсам.  Бул эмне кылганыңар?” деп ачууланып, көчүрбөй койсо кантебиз, бизди?  — апасы уулуна айласы кете карады. 

-Сүйлөшүп көрөлү, — деди Осмон Кенжекеге жалооруй тиктеп. 

***

Бир нече күндөн кийин. Хуан Вэй эки кызматчысына эки өгүздү жетелетип короого киргизди. Короодо Кенжеке менен  Осмон таңылчактарын  үйдөн чыгарып жатышкан. Короодо жалгыз гана Осмондун карагер аты байланып турган. 

-Мына, мобул өгүздөргө үйүңөрдү жүктөп кеткиле, -деди Хуан Вэй Кенжекеге карап. 

-Рахмат сизге, — деп Кенжеке алкап ийди.— Акысын кантип беребиз? 

-Силердин бир жылдан бери мага кызмат кылып бергениңердин акысы ушул, — деди Хуан Вэй. 

-Эки дүйнөдө сизге ыраазыбыз! – деп алкап атты Кенжеке. 

Хуан Вэй негедир көңүлү чөгө тигилерди тиктеп турду.

Кенжекелердин үйүнө карама каршы тараптагы Хуан Вэйдин үйүнүн  айнегинин ары жагынан Сиянь Ху көзүнүн жашын он талаа кылып, тигилерди карап турган. 

Хуан Вэйдин кызматчылары жүктү кошо жүктөшүп ийишти. Жүк жүктөлүп бүтүп, Кенжеке менен Осмон тигилер менен коштошуп, апасы карагерге минип, уулу өгүздөрдү жетелеп короодон чыгышты. 

Баарын көрүп турган Сиянь Ху эчкирип ыйлап ийип, терезеден ары көздөй басып кетти. 

***

Апасы менен уулу далай күн жол басышты. 

***

1917-жылдын жайы. 

Күн шашке. Каракол. Никифоровдордун короосу. Кашаанын сыртында баягы чүмбөттөлүү араба токтоп турган. Үйдөн Иван, Клавдия, Оля, Антон  түйүнчөктөрдү, таңгылчактарды алып чыгышып арабага салып атышкан. Олянын өңү азыңкы эле.

-Мама, мне не хочется уехать. Если мы уедим, то я больше никогда не увижу его,-  деди Оля, апасына карап, таңгылчакты салып атып. Кыздын үнү каргылдана түштү.

-Что делать, Оленька? -деди Клавдия кызын жубатууга аракет кылып.— Ты его итак долго ждала. Мы все ждали. Видимо, он осталя в Китае.

-Мама... мама... деди Оля, ыйлап жүберчүдөй болуп. Анан арабанын кырын кармап көзүнөн жаш кетип туруп калды. 

-Поехали? –деди арабанын үстүндө турган Антон, маанайы пас.

-Оля кыйыла артына кылчак-кылчак карап арабага олтурду. Клавдия менен Иван да Никифоровдор арабага түшүштү. Араба ордунан козголуп, жолго түштү. 

***

Ошол учурда атын кара терге  түшүрө чапкылаган Осмон медпункттун короосуна кирип келди. Буйдалбай эшикке жетти да дароо тартты. Эшик бек эле. Шалдая түштү жигит. Анан бурулуп короодон чыга жөнөдү. 

***

Осмон Никифоровдордун үйүнө келгенде, короодо да, үйдө да  эч жан жок болчу. Чоң кара кулпу эшигинде салынып турган. Осмон ары чуркап, бери чуркап эмне кылаарын билбей аргасы түгөнүп турду.  Азга байралып турду да, анан тажаалдана теректерди муштуму менен ургулап-ургулап алды да шалдайып отуруп калды. 

Бир топтон кийин жигит селт эте түшүп, жерди тиктеп калды. Жерде арабанын жапжаңы изи жаткан. Осмон изди кунт кое карады. Көзүндө үмүт оту жылт этти.

-Жаңы эле кетишиптир!.. Жаңы эле!.. – деп күбүрөндү ал. Анан оордунан ыргып туруп, атына минди да чапкылаган бойдон жөнөдү. 

***

Никифоровдордун арабасы кара жол менен кетип баратты. 

***

Осмон атын чапкылаган боюнча Караколдун четиндеги дөңгө чыга келди. Тээ алыста кетип бараткан арабаны көрдү ал. Анан атын теминип жөнөп берди. 

-Оля-я!.. – деп үнүнүн жетишинче кыйкырып, чапкылап баратты Осмон. Арабада кетип бараткандарга Осмондун үнү үзүл-кесил угулду. Оля селт эте түшүп, арабанын арткы чүмбөтүн ача салды да, тээ алыста жин ургандай чапкылап келаткан Осмонду тааныды. 

-Не может быть?!. Не может быть!.. – кыз бышактап ийди да аял-буялга келбей арабадан секирип түшүп, Осмонду көздөй тызылдап чуркап жөнөдү. Көзүн кубанычтын жашы жууп баратты кыздын. 

Осмон да атынан ыргып түшүп, чылбырып кое берип ийип, Оляны көздөй жүгүрдү. 

Араба токтоп, бери бурулуп, бир чети таң калган, бир чети кубанган Никифоровдор Осмон менен Оляны карап турушту. 

Осмон менен Оля бири-бирине жете беришип, кучакташып калышканын көрүштү тигилер.

***

ХХI кылым. Жайдын толук кези. Бишкек. Эркиндик бульвары.  Ар түрдүү улуттагы эл көп. Бульвардын ортосунда кичинекей бала жетелеген келин кетип бараткан. Алардын артынан 20-30 метр артта бат баттан басып, интеллигент жигит баратты. 

Жигит: 

-Оля, — деди үнүн угуза. Келин артына бурулду, бала менен. 

-Осмон, — деди Оля жылмайып. Анан бала жигитти көздөй чуркап жөнөдү “папа, папа” деп. Жигит жылмая аялы менен баласын көздөй келатты.  

Жигит дагы, келин дагы ХХ кылымдагы Осмон менен Оляга айырбалгыс окшош эле. 

***

Осмон менен Оля анан алардын баласы  Эркиндик бульварын аралап, кол кармашып кетип баратышты, баланы ортого алышып. Үчөө тең бактылуу эле. 

 

Бүттү. 

 

19.12.2007-жыл.


Количество просмотров: 213