Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Жаныш Кулмамбетов, 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 3-ноябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Күүгүмдөгү кишилер

(Эки бөлүмдүү драма)

Атак-даңкты сүйүүдөн жогору койгондон эмне болот? Сүйүүнү сатсаң, андан кандай от чыгат? Бул драма ушул соболдорго жооп издейт.

Катышуучулар:
Сейит.
Айдай.
Сакиев.
Эмилия.

 

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Биринчи сахна

Шаар. Түнкү көчө. Ресторандын алды. Ичкериден Айдай менен Сейит чыгышты. Сейит бир аз кызымтал.
Айдай. (Бушайман боло) Ай, Сейит, каякта жүрөсүң, кишини издетип?! 
Сейит. (Кайдигер) Жүрөм…
Айдай. (Күйгүлтүктөнө) Издебеген жерим калган жок. Кайра театрга барбадымбы. Дагы жакшы, жаш артисттер билет экен, сени кайдан табышты. (Бир аз тыным) Ай, экөөбүз чогуу эле чыкпадык беле театрдан? Анан келатып эле жок болуп кеттиң, заматта. Оюма да келбептир, ушуякка кирип кетээриң. Күтүп – күтүп, айлам кеткенде үйгө барбадымбы, келдиби деп. Көрсө… ушинтип ресторандын буфетине кирип алып… жалгыздан согуп жүргөн экенсиң, да, ээ? (Башын чайкап) Капыр – ай, ай, аябай сага таң калып турам. Ушунча жыл жашап жүрүп, сенин ушундайыңды билбептирмин. Артисттер билет экен. А мен… Э, кокуй, минтип жүрсөң тихий алкаш болуп кетесиң, сен!..
Сейит. (Кайдигер) Болсо болуп кетем…
Айдай. (Бушайман боло) Ал эмне дегениң?!
Сейит. (Ызалуу) Менин жаным күйүп атат!.. Түшүнсөң!..
Айдай. (Түшүнбөй) Эмнеге?!
Сейит. (Ызасы тарабай) Сен да прекрасно билесиң, аны.
Айдай. (Кабатыр боло) Эмнени билет экемин? 
Сейит. (Айткысы келбей) Билесиң…
Айдай. Же экөөбүздүн жашообузга нааразысыңбы?
Сейит. (Ооз учунан) Жок…
Айдай. (Жаны ачып) Айтчы, анан эмне болду, сага?!
Сейит. (Ызалуу) Ичим ачышып атат.
Айдай. Сейит, эзип ийдиң, тим эле! Атпайсыңбы!
Сейит. (Ызаланып) Мен деген… катардан калып жүрөм!.. Көрдүңбү, бүгүн худсовет наамга кимдерди көргөзгөнүн?!. Эмне үчүн мен жокмун?!.. Же, мен эмне, татыктуу эмесминби?!.. (Ыйлагысы келип) Менден кыйынбы, ошолор?!. Он жылдан ашык иштедим!.. Ролду да дайыма ошолор алат, сыйлыкты да дайыма ошолор алат!.. Ошолордун эле аты чыгат!..
Айдай. (Башын чайкап) А – а… Бая эле ошентип айтпайсыңбы, анан, кишини ушунча кыйнабай. Оорум ушул дебейсиңби. Ай, анан ушун үчүн ушинтип жүрөсүңбү?
Сейит. (Ыйлагысы келип) Айдай, түшүнчү, мен жыргаганымдан ушинтип ичип атат дейсиңби…ушул барматуханы?!. Катардан калып атам!.. Түшүнөсүңбү, сен?!..
Айдай. Сенин деле атың чыгып атат, ко?
Сейит. (Ыйлагысы келип) Менин эмгегим бар!.. Мен алардан кем эмесмин!.. Керек болсо, артыкмын!.. 
Айдай. Антип айтпа. Эл бааласын, ошентип.
Сейит. (Ыйлагысы келип) Кана, элдин баалаганы?!. Эл деген баалай албайт!.. Эл бааласа ушинтет беле, бүгүн?!.
Айдай. (Сооротууга аракет кылып) Катуу ыза болуп калыптырсың, ээ? 
Сейит. (Ыйлагысы келип) Эмне үчүн ыза болбойт экемин?!. Катардан дайыма калып атсам!..
Айдай. (Сооротууга аракеттенип) Болду, эми, сенин да учуруң келет.
Сейит. (Ыйлагысы келип) Келбейт!.. Эч качан келбейт, мобулар турганда!.. Булардан мага эч нерсе артпайт!..
Айдай. Эмне кыл дейсиң, анан?
Сейит. (Ыйлагысы келип) Ушундан көрө… өлүп калган жакшы!..
Айдай. (Чочуп) Кой, анчалык катуу кетпе, ушул болоор— болбос нерсе үчүн.
Сейит. (Ыйлагысы келип) Болоор-болбос эмес!.. Ушул да болоор-болбоспу?!. Айтчы, мен ошолордон кемминби?!. Кемминби?!.
Айдай. Кем эмессиң…
Сейит. (Жаны түтөп) Анда эмне үчүн мени басынтышат?!. Кемсинтишет?!. Мен ойной албаймынбы, Чацкийди?!. Мен ойной албаймынбы, Гамлетти?!. Мен ойной албайт бекемин, Отеллону?!.
Айдай. (Сооротууга аракеттенип) Ойной аласың…
Сейит. (Жаны ого бетер түтөп) Керек болсо, мен алардан ашыра ойноп коемун!..
Айдай. Ооба, ошентесиң, болду эми…
Сейит. (Жаны ансайын түтөп) Акыйкаттык жок!.. Жалаң тааныш менен, бирөөлөрдүн колдоосу менен жетип атышат, атак— даңкка!..
Айдай. Эмне кыл дейсиң, анан? Жашоо ошондой, акыйкатсыздыктар боло берет. Болуп келген, болуп атат.
Сейит. (Аргасы түгөнүп) Бүттү, кетем, искусстводон…
Айдай. Кой, антип ойлобо. Сен искусствосуз жашай албайсың.
Сейит. (Ыйламсырып) Жашайм!.. Эртең эле арызымды жазам!..
Айдай. Кызуу кандуулукка алдырба. Өкүнүп каласың, кийин.
Сейит. (Кызууланып) Мейли өкүнсөм. Ушинтип жүргөндөн көрө…
Айдай. Кел, эми, муну шашпай сүйлөшөлү, үйгө барып.
Сейит. (Аргасы түгөнгөн калыбында) Үйгө барбайм.
Айдай. Эмнеге?
Сейит. Дагы ичем, азыр. Бир эмес, эки бөтөлкө ичем. (Кайра ресторандын ичине кирмекчи болду).
Айдай. (Жолун тороп) Сейит, эмне болуп атасың, сен?!.
Сейит. (Жарылып) Жаным өрттөнүп атат, түшүнчү, Айдай!.. Түшүнчү!.. 
Айдай. (Жалооруй) Түшүнүп атам, түшүнүп турам. Болдучу эми, болдучу, үйгө баралычы, Сейит?!.
Сейит. (Жаны түтөп) Баары бир соорото албайсың…
Айдай. (Аргасы түгөнүп) Эмне кыл дейсиң, анан?!.
Сейит. Сен эч нерсе кылбай эле кой, мен өзүм чечем, эмне кылышты!.. (Ресторандын ичине кирип кетти).
Айдай. (Аркасынан, жалооруй) Сейит!.. Сейит, дейм!.. Сейит, токточу!.. (Ээрчий басып, аркасынан кирди).

Экинчи сахна

Сейит менен Айдайдын квартирасы. Айдай жалгыз. Ролун репетиция кылып атты.
Айдай. (Образга кирип) “Мен тентийм!.. Мен тентип кетем!.. Сендей уяты жок, абийирсиз, ыймансыз адам менен жашагандан көрө — өлгөн артык!.. Кайран өмүрүм, текке кеткен!.. Сенин ушундай экениңди мурдатан билгенде… Жок!.. Жок!.. Туура айтасың, мен өзүм күнөөлүмүн!.. Ошон үчүн бул жерде бир мүнөт да калбаймын. Кетемин! Көзгө көрүнбөй жоголомун!..”
(Ошол учурда сырттан барпайган чоң букет гүл көтөргөн Сейит кирди).
Сейит. (Гүлдү Айдайга берип) Дагы эле репетиция кылып атасыңбы?
Айдай. Ооба. Бул эмне гүл?
Сейит. Гүлдөй эле гүл.
Айдай. Сен сатып келдиңби?
Сейит. Сени бирөө куттуктап берип ийиптир.
Айдай. (Бүшүркөп) Ким?
Сейит. Сакиев.
Айдай. (Таң калып) Сакиев?!.
Сейит. Ооба.
Айдай. Эмнеге?
Сейит. Баякүнү сен ойногон спектаклге келбеди беле.
Айдай. Сен чакырып келгендегини айтып атасыңбы?
Сейит. Ошол… ошол… Сенин ойногонуңду аябай жактырыптыр. “Ошондо гүл берип куттуктай албай калдым эле” деп, берип ийиптир ушуну.
Айдай. Жумушка берип ийиптирби?
Сейит. (Буйдала түштү) Ооба… бирок, мен иштен чыгып келатсам, менин алдыман чыгып атпайбы.
Айдай. Ким? Сакиевби?
Сейит. Сакиев өзү чыкмак беле, жардамчысы да.
Айдай. Анан сага бере койдубу, гүлдү?
Сейит. И-и… мага берди да.
Айдай. А каяктан билет экен, менин күйөөм экениңди?
Сейит. (Буйдала түштү) Каяктан билмек эле… Менден сурап атпайбы.
Айдай. Эмне деп?
Сейит. “Айтбаеваны кантип тапсам болот?” деп. Ошентип анан… билип атпайымбы, тигинден… Хе-хе-хе!..
Айдай. (Ишенкиребей) Чын айтып атасыңбы, ыя?
Сейит. Чын… Чын болбогондо эмне…
Айдай. (Гүлдү суктана тиктеп) Жакшы букет экен, аябай.
Сейит. (Күлүп, тамашага чалымыш этип) Жакшы көрүп калса керек, сени…
Айдай. Уялсаңчы, ушинтип айткандан.
Сейит. Эмнеси бар экен. Сен артисткасың. Жөн эле эмес, супсулуу артисткасың. Сендей сулуу артистканы кайсы эркек жактырбасын.
Айдай. (Сейитке таң кала карап) Сен эмне деп атасың, ыя?
Сейит. Жөн эле чычаламыш этпечи, бай болгур. Калп айтып атамбы?
Айдай. Баары бир айтпа, антип…
(Тыным).
Сейит. (Кабагы бүркөлүп) Жумабаевди да сыйлыкка көрсөтүп атышыптыр.
Айдай. Апей, а сеничи?
Сейит. (Кабагы бүркөө) Жок…
Айдай. Кызык ко… Жумабаев деген кечээ эле келбеди беле? Анын үстүнө кыйратып деле эч нерсе жасай элек да, ал бала.
Сейит. (Кабагы ачылбай) Ошо да… Колдоочуң болсо, колуңдан кокон тыйын келбесе да ушундай болот турбайбы. Он жылдын ашты, ушуякка келгениме. Бирөөлөр кичине эле түртүп койгондо, алчумдун баарын алмакмын, эчак эле.
Айдай. (Аяй) Аның туура. Эмне кылабыз, анан? 
Сейит. (Кабагы ачылбай) Билбейм… (Кичине тынымдан соң) Жанымды жанга уруп иштеп келатам, баалаган эч ким жок. Менден кийинки келген сопляктар тигинтип баарын алып атышат. А мен дагы эле баягы сынык тепшимди кучактап олтурам. (Үшкүрүнүп) Жашоо ушунчалык акыйкатсыз экен… Чындык деген жомокто гана болчу нерсе турбайбы…
Айдай. (Аяй) Өзүңдү эзе бербечи, эми. Бизге деле кезек келээр…
Сейит. (Жарылып) Качан?!. Төөнүн куйругу жерге тийгендеби?!. Мен өбөктөгөн чал, сен кемшийген кемпирге айлангандабы?!. 
Айдай. (Сооротууга аракеттенип) Койчу, ай, жаман сөзүңдү. Экөөбүз азыр карып кете элекпиз. Жашоо дагы алдыда. Кудай буюрса, бир күнү болбосо, бир күнү алабыз.
Сейит. (Жаны ачып) Ошентип куру кыял менен өзүңдү сооротуп жүрө бер!.. Сенден кийинки жаш кыздар бир күнү төбөңө кантип чыкканын билбей каласың. Ошондо көрөсүң…
Айдай. Анда эмне ушинтип жүрөбүз? Аракет кылбайлыбы?
Сейит. (Кызуулана) Мен да ошону айтып атам!..
Айдай. Эмне оюң бар, айтпайсыңбы?
(Тыным).
Сейит. Бир жакшы тааныш табыш керек.
Айдай. Издебейсиңби, анан.
Сейит. Издетпей эле өзү турат.
Айдай. Ким?
Сейит. Сакиев.
Айдай. (Таң калып) Сакиев?..
Сейит. Ооба. Только ошонун колунан келет. Сакиев колдосо эле… бүтөт баары.
Айдай. А сен Сакиев менен кандайсың?
Сейит. Кандай болмок элем, эл сыяктуу эле да. 
Айдай. Анда эмне “Сакиев” деп атасың?
Сейит. (Буйдала түштү) Бир… жолун табыш керек да, ага дагы.
Айдай. Барып эле айтпайсыңбы, анда, болгонун болгондой. “Ушинтип катардан калып атам. Акыйкаттуулук болбой атат. Жардам бериңиз” деп көрбөйсүңбү? 
Сейит. Жаш баланын сөзүн сүйлөйсүң да.
Айдай. Айтып көр да. Сенин этегиңди кесип алмак беле.
Сейит. (Жактырбай) Чоңдордун психолгогиясын билбейсиң да. Антип барып айткандар толтура да, ага. Ошентип баргандын баарына эле жардам бере берсе эмне болот? Ошондой да болчу беле. “Болуптур, антебиз-минтебиз” деп туруп, жөн эле иттен чыгарып коет.
Айдай. Анда белек алып барып бер.
Сейит. (Жактырбай) Эмне белек?
Айдай. Ойлонуп көрөбүз да, кандай белек беришти.
Сейит. (Какшыктап) Машине бере аласыңбы?
Айдай. Жокту айтпачы. Өзүбүз минтип араң жашап жүрсөк…
Сейит. Мен да ошону айтып атам. Алкымы чоң неме, майда–баратка алымсынбайт.
Айдай. (Айласы кетип) Эмне кылыш керек, анан?
Сейит. Конокко чакырыш керек… үйгө.
Айдай. Күлкүмдү келтирбечи.
Сейит. Анын эмнеси күлкү экен?
Айдай. Өзүң айтып атпайсыңбы “майда–баратка алымсынбайт” деп. Бир жолу тамагыңды жеп коюп эле, бүткөрө салабы, ишиңди? Анын үстүнө, мурда – кийин тааныш болбосоң, жөн эле келе бермек беле, үйүңө?
Сейит. (Кытмыр) Жолун табабыз да.
Айдай. Кандай жол?
Сейит. (Аяр) Сен… барып чакырасың.
Айдай. (Таң калып) Менби?!.
Сейит. Эмнеси бар экен, анын? Тем более, сени жакшы көрөт. Моминтип гүл берип атат.
Айдай. (Ого бетер таң калып) Сейи-ит?!. Сен эмне деп атасың, ай?!. 
Сейит. А, эмне чакырсаң жаманбы? Бир жериң кемип калабы?
Айдай. (Сөз таба албай буйдала түштү) Кемибейт, бирок…
Сейит. Барасың, “ырахмат, гүл берип ийипсиз” дейсиң.
Айдай. (Таң калганы тарабай) Анан?
Сейит. Анан… “туулган күнүм болуп атты эле” дейсиң… 
Айдай. (Ого бетер таң калып) Ай, туулган күнүм жаңы эле өтпөдүбү? 
Сейит. (Жактырбай) Сенин туулган күнүңдү териштирип жүрмөк беле. Просто, ошентип айтып коесуң да…
Айдай. (Таң калганы ого бетер күчөп) Анан?!.
Сейит. “Үйгө келип, даам ооз тийип кетиңиз” дейсиң. Чуркаган бойдон келет.
Айдай. (Ойлоно түштү) Мейли, чакырайын. Чын эле, ага эмнебиз короп атты эле. 
Сейит. (Кызуулана) Мен да ошону айтып атпайымбы.
Айдай. Ушул жерден айтабызбы, анан, жардам бериңиз деп? А кокус жаман ойлоп калсачы, ушун үчүн чакырышыптыр деп? Бөөдө жардам бербей коюп…
Сейит. Андай болушу да мүмкүн…
Айдай. (Түшүнбөй) Анда эмнеге чакырабыз, конокко?
Сейит. (Кыйытып) Ал сени сүйөт…
Айдай. (Ачуусу келе түштү) Сейит, айтпачы, ушул сөздөрүңдү!..
Сейит. Анын эмнесине чычалайсың? Сүйгөн үчүн, мына… гүл берип жиберди.
Айдай. (Ачуусу ого бетер келип) Алып барып берчи, ушул гүлүн!
Сейит. Мен, просто айтып атам. Жаман ой менен айтып аткан жокмун. Жөн эле тыраңдай бербечи.
Айдай. (Ачуусу тарабай) Болуптур, айтчы эми, ары жагын. Дагы эмне кылабыз, анан?
Сейит. Айтсам… ого бетер жиниң келет.
Айдай. Адамды эзбей эле, айтпайсыңбы.
Сейит. Мындай… бир жакшы… обстановка түзөбүз… Чтобы… экөөң бийлеп, антип — минтип…
Айдай. (Көздөрү чакчайып) Бийлеп?!.
Сейит. Соксоюп эле олтура бермек беле, анан… Конокко чакыргандан кийин, сыйлаш керек да аны.
Айдай. (Кабатыр боло) Ай, анан ал кармалан–сермелесечи?..
Сейит. Мен кухняга кетип калам да, көрмөксөн болуп…
Айдай. (Көздөрү чакчайып) Ай, Сейит, эмне деп атасың, сен?!.
Сейит. Кармап–сармап койсо, бир жериңе жугуп калабы?
Айдай. (Ого бетер көздөрү чакчайып) Ай, сен чын айтып атасыңбы, ыя?!.
Сейит. (Жактырбай) Жөн эле обу жоктоно бербечи. Кармаса кармап коет, андан сен бир нерсе болуп кетесиңби?
Айдай. (Ансайын көздөрү чакчайып) Сейит?!. Ушул сөз чын эле сенин оозуңан чыгып атабы?!.
Сейит. (Жактырбай) Асмандан бүгүн түшө калгандай сүйлөбөчү. “Невинный ягненок” боло каласың да, бир паста.
Айдай. (Арданып) “Невинная” эмес экенимди билесиңби, сен?!.
Сейит. (Өктөм) Билем!.. Эмне, билбейт деп жүрдүң, беле?!. Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа!
Айдай. (Ызасынан ыйлагысы келип) Эмне деп атасың, ыя?!. Шантаж кылган турасыңбы?!.
Сейит. (Кыжыры келип) Кайсы шантажды айтып атасың?!.
Айдай. (Ыйлагысы келип) Анан, эмне деп атасың, сен?!.
Сейит. (Кыжырлуу) Анткорлонбой жүр деп атам!
Айдай. (Ыйлагысы келип) Ким анткорлонуп атыптыр?!.
Сейит. (Башын чайкап) Мхи!.. Унутуп калдыңбы, мурдагы жылы гастролго чыкканда эмне кылганыңды?! 
Айдай. (Ыйлагысы келип) Эмне кылыптырмын?!.
Сейит. (Өктөм) Өзүң прекрасно билесиң, эмне кылганыңды!..
Айдай. (Ыйламсырап) Кантип уялбай ушул сөздөрдү айтып атасың?!. Кантип?!.
Сейит. Мени коюп, өзүңдү кара!.. Эй!.. Ким эле, сенин жаныңда жүргөн кара мурут?!.
Айдай. (Ого бетер ыйлагысы келип) Кайсы кара мурут?!.
Сейит. (Өктөм) Көрсөтөйүнбү, кара муруттун сүрөтүн?!. Экөөңдүн эмне “иш” кылып атканыңды, кошуп туруп?!.
Айдай. (Ыйлап ийди) Сен!.. Сен!..
Сейит. (Кызуулана) Ошентип, мойнуңа алып калсаң!.. Ошондо эле жеткиришкен мага, жеткирчүлөр. Көрсөм – көрмөксөн, билсем – билмексен болуп, ичимден кан өтсө да “кой, ушул үй–бүлөөмдү бузбайын, мындай окуялар кимдин гана башынан өтпөгөн” деп, ичимден сызып, тим болгом, билгиң келсе!.. Же сага бир ооз айттымбы, ошону?!. Же бир жолу жаман мамиле кылдымбы?!. Кичинекей болсо да, билгиздимби, мен сага?!. Менин оордумда башка бирөө болгондо, жок эле дегенде кара мурутуңдун кабыргасын сындырып, сенин абийириңди аштай төгүп туруп, айдап чыгат болчу, үйдөн!..
(Айдай өксөп ыйлап ийди).
Билип жүр!.. Керек болсо, мен курмандыкка бардым, үй–бүлөөбүздүн келечеги үчүн! 
Айдай. (Өпкө–өпкөсүнө батпай ыйлап) Баарын билет экенсиң… Ошентпей эле койбойт белең, баары бир ушинтип айта турган болгондон кийин!
Сейит. (Кызууланып) Зато, үй–бүлөөмдү сактап калдым!.. Балдарыбыз эки ортодо эзилип олтурса, жакшы болот беле, сага?!. (Тынымдан соң) Болду эми, басыл. Мен сени күнөөлөйүн, же чыр–чатак чыгарайын деп айтып аткан жокмун. Жанагинтип асмандан түшө калгандай болбой жүр деп, эскертип атам. Ошондон бери мен сени менен сыр бербей эле жашап келатам го?!. Дагы эле жашай берем! (Кичине тынымдан соң) Угуп тур эми, мени. Сакиевдин кармалаганынан коркпо. Даже, өбөм деп калса, өптүрө бер.
Айдай. (Ый аралаш, ызалуу) Мени тряпка кылган атасыңбы?!.
Сейит. (Жаны күйүп) Түшүнчү, ал биздин келечек үчүн керек!.. Биздин үй–бүлөөнүн келечеги үчүн!.. Пайда–батасы жок кара мурутуңдан көрө, Сакиев он эсе өйдө эмеспи, ай!.. Он эсе!.. Түшүнчү!..
Айдай. (Ыйы тыйылбай) Сейи-ит!.. Сей–ит!.. Кантип уялбай айтып атасың, ушуну?!.
Сейит. (Жаны кашайып) Кара мурут менен жүргөндөн уялбайсың!.. А Сакиевге бир өптүрүп койгондон уяласыңбы?!. (Кичине тынымдан соң) Биздин келечегибиз сага важныйбы, же ошонун бир өөп койгонунан бир нерсе болуп кетесиңби, сен?!. Эмне, өмүр бою ошонун оозунун тагы калып калабы, бетиңде, же.. ээрдиңде, ыя?!.
Айдай. (Ыйын тыя албай) Сейи-ит!.. Сейи–ит!.. Угузба-а!.. Угузба–а, андай сөзүңдү!..
Сейит. (Жаны ого бетер кашайып) Ай, ушинтип эле, элдин арткы шыйрагы болуп жүрө берелиби, эч нерсеге жарыбай?!. Башкалар тээтигинтип, алчуну алып, жулчуну жулуп, ханга салам бербей, дердеңдеп жүрө беришсин, ээ?!. А экөөбүз моминтип, мурдубуздун суусун тарта албай олтура берели да, ээ?!. (Кичине тынымдан соң) Эмнең коройт, ыя, сенин?!. Эмнең коройт?!. Коросоң коробойт белең, тээтиги телпейген кара мурутуң менен чыпталышып жүргөндө!.. 
Айдай. (Ыйы басылбай) Болду!.. Болду!.. Болду деп атам!.. Айтпачы, кайра-кайра!.. 
Сейит. Сен да түшүн да!.. (Капысынан үнүн жумшак чыгарып, Айдайды кучактай калды) Болдучу эми, алтыным!.. Мунун баары экөөбүздүн, балдарыбыздын келечеги үчүн да. Мен сенин тиги кылыгыңды деле кечирбедимби, жанагы кара мурут менен…
Айдай. (Эреркеп ыйлап ийди) Чын эле–е-е… ке… ке… кечир–диң–би?
Сейит. (Эркелетип) Кечирдим, алтыным, кечирдим!..
Айдай. (Ого бетер эреркеп ыйлады) Ырах–мат!.. Ырах–мат!..
Сейит. (Эркелетип) Кечке эле ыйлай бербечи, алтыным, башың ооруп калат. Өткөн, өттү. Ага кейигенде эмне. Самое главное, үй–бүлөөбүз бузулган жок. Балдарыбыз көздөрүн жалдыратып эки ортодо жүрбөсүн. А калганы, ерунда. 
Айдай. (Ыйын басып, жаштуу көздөрү менен Сейитке таң кала карады) Чын эле, таптакыр кечирдиңби?
Сейит. Таптакыр!..
Айдай. (Эреркеп, Сейитке бой таштады) Сейит…
Сейит. Болду эми, алтыным, кайра баштабай. (Кичине тынымдан соң) Кел, андан көрө, Сакиевди сүйлөшөлү.
Айдай. (Жалооруй) Башкача кылсак болбойбу?
Сейит. Башкача кылганда, эмне кылабыз? Кымбат белек бере албайбыз. Ортого сала турган чоң–чоң таааныштарыбыз жок. Ушундан башка жолу жок. (Жалына) Алтыным, ал сени жакшы көрөт экен, ну… сүйөт экен. Эми бир жолу ошону пайдаланып койсок, андан биздин эмнебиз кемийт? Самое главное, экөөбүз билебиз да, эмне кылып атканыбызды.
Айдай. (Кыйыла) Кийин ал, мага телефон чалып, чакырып, анан… жаталы десечи?
(Кичине тыным).
Сейит. (Ийнин куушуруп) Анте койбос. Эми, Сакиев…
Айдай. (Айласы куруп) Ошентет эле. Көрөсүң, ошентет. Моминтип гүл жиберип аткан неме, мени менен… жаткысы келип атат да. А жатпай койсом, жардам бербей коет, көрөсүң.
Сейит. (Кыйылымыш этип) Эми, аны… өзүң бил.
Айдай. (Жалооруй) Сейит?!.
Сейит. (Кара күчкө кыйнала) Иши кылып… шагын сындырба.
Айдай. (Кайра ыйлагысы келип) Сейит, сен эмнеге түртүп атасың, мени?!.
Сейит. (Кучактап) Алтыным, ушунун баары биз үчүн!.. Биздин үй–бүлөөнүн келечеги үчүн!.. Балдарыбыз үчүн!... Самое главное, экөөбүз билебиз да эмне үчүн ушундай жертвага барганыбызды!
Айдай. (Башын чайкап) Ай, Сейит, ай, Сейит… Кыйнадың го, кишини… 
Сейит. (Жалооруй) Алтыным!.. Бир эле жолу ушинтип коелу!.. Бир эле жолу!.. Түшүнчү!..
Айдай. (Кыйылып) Анан… мени күнөөлөбөйсүңбү?
Сейит. (Жанталашып) Эгер ошентсем – оңбоюн!.. Оозумдан ушул тууралуу бир эле сөз чыкса, бетиме түкүр да, басып кете бер!
Айдай. (Айласы куруп) Ай, Сейит, ай, Сейит…
Сейит. (Кучактап) Болду, алтыным, башынан түшпөйлү. Давай, андан көрө, жасанып–түзөн да, жөнө.
Айдай. (Түшүнбөй) Кайда?
Сейит. Сакиевге.
Айдай. (Таң калып) Азыр элеби?
Сейит. Анан күтмөк белек. Темирди кызуусунда сок дейт. Өзү моминтип гүл берип атканда…
Айдай. (Кыйылып) Эртең, же бүрсүгүнү деле ошентсек болбойбу?
Сейит. Бир өлүмдөн башканын баары тез болгону жакшы дейт. Сен барып чакырып келе бер. Мен ага чейин үстөлдү даярдай коем. Бар, эми, бети–башыңды боеп, көйнөк–көнчөгүңдү даярда. 
(Айдай кыйыла басып башка бөлмөгө кирип кетти. 
Сейит телефонду колуна алды) Алло!.. Бахтияр, сенсиңби?.. Бул Сейит байкең… Сакен Сакиевич өзүндөбү?.. Эч жакка кетпейби?.. Азыр, Айдай эжең барат… Сразу киргизип ий, ээ?.. Жана айтпадым беле, өзүңө, бүгүн туулган күнү деп… Баякүнкү ишиңди мен бүткөрүп коем, жакында, кудай буюрса… Ой, жапжаш кыз… Жаңы эле кирди ишке… Кайда качмак эле, сендей зыңкыйган жигиттен… Сен да ойноп–күлүп ал да… Мейли, эми, давай, сразу киргизип ий… Ырахмат!.. (Трубканы койду да, Айдай кирип кеткен бөлмөнү көздөй басты).

Үчүнчү сахна

Ошол күндүн кечинде. Сейит менен Айдайдын квартирасы. Эрди–катын шаша–буша үйдү жыйнап, тазалап, конок камын көрүп атышты. 
Сейит. Сразу эле киргизип ийдиби, Сакиевге?
Айдай. Ооба. Ким айтып койгонун билбейм, иши кылып бир мүнөт да кармалган жокмун. “Айдай Айтбаевамын” десем эле, “Билебиз, билебиз сизди” деп туруп эле Сакиевге кирип, кайра чыгып, мени дароо киргизип ийди.
Сейит. (Күлүп) Таң калдыңбы, анан, эмне мынча тез кабыл алды деп?
Айдай. Таң калбай да койчу беле.
Сейит. Мен чалып койгом да, жардамчысына.
Айдай. (Бүшүркөп) Жардамчысын кайдан тааныйсың?
Сейит. (Буйдала түшүп) Ой… жана… Тиги… айтпадымбы… “Сакиев гүлдү жардамчысынан берип ийиптир” деп. Ошондо, на всякий случай деп телефонун алып койгом да. Анан?
Айдай. Анан, ошол… кирдим. Сени да билет экен “Сейит Айтбаев жолдошум” десем, “тааныйм” деди. 
Сейит. Конечно, элдин көбү эле тааныйт да, бизди. 
Айдай. Жакшы сүйлөштү.
Сейит. Таң калдыбы, сен чакырганда?
Айдай. Кичине таң калды. Бирок, кубанып кетти.
Сейит. Кандай киши экен?
Айдай. Аябай маданияттуу, сылык киши турбайбы. Мен кабинетинин босогосун аттаганда эле, оордунан тура калып, мага өзү басып келип, колумдан өптү. Анан, жардамчысын чакырып туруп, сразу чай заказ берди. Кетээрде, приемныйга чейин өзү узатып чыкты.
Сейит. “Жалгыз эле келиңиз” дедиң беле?
Айдай. Ооба.
(Аңгыча эшиктин коңгуроосу басылды).
Сейит. (Шашкалактап) Келди!.. Ач, эшикти!..
Айдай. Сен аччы!..
Сейит. Ты что, сен ач да!..
(Айдай эшик ачканы жөнөдү. Сейит башка бөлмөгө кирип кетти. Бир аздан соң Сакиевди ээрчитип, килейген букет гүл көтөрүп Айдай кирди, бөлмөгө).
Сакиев. (Эки жагын карап) Жалгызсызбы?
Айдай. Жок… жолдошум экөөбүз…
(Ошол маалда Сейит чыга калды, башка бөлмөдөн).
Сейит. (Жалпаңдап) Саламатсызбы, Сакен Сакиевич!
Сакиев. А – а, Сейит… Саламатчылык, саламатчылык.
Сейит. (Учурашкан соң) Сакен Сакиевич, айып этпесеңиз, Айдай менен балконго чыга турбайсыздарбы. Жетишпей калдык. Мен бир аз порядок кыла коеюн.
Айдай. (Чочуп кетти) Жок. Сейит, тиги… Сакен Сакиевичти өзүң балконго чыгарып, эки жакты көрсөтүп тур. Мен өзүм эле бүткөрө салам.
Сейит. (Күлүп) Туулган күнүңдө да иш кыласыңбы? Мен сени сыйлап атса, туулган күнүңдө иш жасатпайын деп.
Айдай. (Кара күчкө) Сейит, Сакен Сакиевичти кармаба да.
Сейит. Мейли анда, мейли анда… Сакен Сакиевич, мына, биякка өтүңүз.
(Экөө балконго чыгып кетишти. Айдай алактап даярдык көрө баштады. Сейит кирип келди, кайра).
Айдай. Эмне келдиң сен? Жанында тура турбайсыңбы.
Сейит. Эки жакты карап, эс алып атат. Ай, мен жана унутуп калган турбайымбы, сага айтам деп.
Айдай. Эмнени?
Сейит. Эки-үч саатка съемкага барып келишим керек болуп атат. 
Айдай. (Көздөрү чакчайып) Эки-үч саатка?!.
Сейит. Ооба. Сен жана Сакиевге кеткенде телефон чалышпадыбы, срочно деп.
Айдай. (Ачуусу келип) Сейит, эмне кылган атасың, ыя, сен?!.
Сейит. Силер олтура бергиле да. Мен келем эки-үч сааттан кийин эле. 
Айдай. (Ачуусу тарабай) Атайы жасадыңбы, ушуну?!.
Сейит. Кызыксың го, дейм, сен!.. “Акыркы күн” деп телефон чалып атышса кантип отказ берем, ыя?! Мен кайдан билиптирмин, ушундай болуп кетээрин.
Айдай. (Ишенээр-ишенбесин билбей) Билбейм, билбейм, эмне кылып атканыңды… Эмне деп айтасың, анан, Сакиевге?
Сейит. Чынын эле айтам. “Эки-үч саат съемкага барып келе калышым керек, силер таарынбай олтура тургула” дейм.
Айдай. (Кыжаалат боло) Анан эки-үч саатка чейин жалгыз каламбы, чоочун эркек менен?!.
Сейит. Койчу, ай, сени бышырып жемек беле. Бар, андан көрө көйнөгүңдү алмаштырып алчы.
Айдай. Жакшы эле көйнөк.
Сейит. Беркисин кий. Баягы вечерний платьеңди. Бол, эми, тиги киши жалгызсырап калды.
(Айдай башка бөлмөгө кирип кетти. Сейит балконго чыгып, кайра Сакиев менен ээрчишип кирди).
Сакиев. Үйүңөр тынч, ызы-чуудан алыс жакшы жерде турбайбы, Сейит. Кадимкидей кулак-мээм тынчый түштү. Бирок, эки эле бөлмө го, ээ?
Сейит. (Шашкалактап) Ооба.
Сакиев. Канча башсыңар?
Сейит. Төртөөбүз. Айдай экөөбүз, анан эки кызым.
Сакиев. Уул жокпу?
Сейит. Уул да керек. Бирок, мобул эки бөлмөдө тыгылышып, кандай болот деп эле…
Сакиев. Ооба. Дагы бир баш кошулса, абдан эле тар болуп калат. Беш киши эки бөлмөдө жашаш кыйын да.
Сейит. Өзүңүз билесиз, биздин сферадагылар үй сатып алганга, же кеңейткенге мүмкүнчүлүктөрү жок да. 
Сакиев. Ничего… Караштырып көрөбүз… Если что, бир мүмкүнчүлүк болуп калса, жардам берем.
Сейит. (Жалпактап) Ырахмат, Сакен Сакиевич, ырахмат!
Сакиев. Силер деген элдик кишилерсиңер да. Анан силердей адамдарды ушинтип койгон болбойт. Силерге шарт түзүп бериш керек. Мамлекет силер жөнүндө кам көрүш керек. Биздин элдин жүзү силерсиңер да.
Сейит. Ушуну түшүнгөнүңүз үчүн ырахмат, сизге. (Кыйылымыш этип) Сакен Сакиевич, мен сизди… жарым саат – бир саатка жалгыз калтырып кетет окшойм.
Сакиев. (Түшүнбөй) Эмнеге?
Сейит. Тиги… Съемкам бар эле, телевидениеде. Телефон чалышып, “тезинен келе калыңыз, акыркы күн” деп атышат.
Сакиев. (Өзүн ыңгайсыз сезип) Ушу кантип болсун… Аялың менен жалгыз мени таштап коюп кетип калганың, кандай болуп калат? Анда мен да сени менен кошо чыгайын.
Сейит. (Жанталашып) Кабатыр болбоңуз, Сакен Сакиевич!.. Олтура бериңиз, беймарал. Мен заматта эле кайра келип калам. Иш да. Тигилердин да планы бар да. Аларды да подводить эткен болбойт. Телевидение деген телевидение да. Баары даяр дейт. Жетип эле, тартыла калып эле, кайра тартам. Бир-эки мүнөттүк эле сцена.
Сакиев. (Кыжаалат болуп) Тез келип кал, анда. А то не удобно.
Сейит. Учуп барып, учуп келем. (Ички бөлмөгө) Айдай!.. Мен кеттим…. Сакен Сакиевич жалгыз калды… (Сакиевге) Сакен Сакиевич, өз үйүңүздөй көрүп эле… Музыка коюп коеюн… (Шашкалактап барып музыка кое салды. Вальс угулду) Мен кеттим, анда (шашыла чыгып кетти.
Айдай кирди төркү бөлмөдөн, жаңы көйнөгүн кийип).
Айдай. (Уялыңкы) Сакен Сакиевич, Сейит кетип калдыбы?
Сакиев. “Жарым саат – бир саатка жетип-жетпей келип калам” деди го. 
Айдай. “Жарым саат – бир саатка” дейсизби?
Сакиев. Ооба.
Айдай. Жарым саат – бир саатка эмес ко. Съемка деген жок дегенде эле үч-төрт саатка созулат да. 
Сакиев. Билбейм, “жарым саат – бир саатта эле келип калам” деди го.
Айдай. Сизди капа кылбайын десе керек. (Ыңгайсыздана күлүп) Сейит кетсе, мен турбаймынбы. Келиңиз, эми, олтуралы.
Сакиев. (Күлүп) Олтурганга да үлгүрөбүз. Андан көрө… аябай сонун музыка болуп турат… Обстановкаңар да аябай соответствующий экен… Адегенде, бир аз бийлебейлиби?
Айдай. (Уяла тамылжып) Мейли…
Сакиев. Анда… шампан аттырып коелу, туулган күнүңүздүн урматына. (Шампан ачып ийди да, эки бокалга бөлө куйду) Айдайка, туулган күнүңүз кут болсун!.. (Толкундана) Сиздей, кереметтүү жомоктогудай сулуу аялзатынын туулган күнү менен куттуктап атканыма аябай толкунданып атам. Ылайым, кудай жүзүңүздөн сулуулугуңузду түшүрбөсүн!.. Сиз үчүн!..
Айдай. (Тамылжып) Ырахмат…
(Экөө бокалдарындагы шампанды уурташып, анан вальстын ыргагына кошулушуп, бийге термеле башташты. Сакиев Айдайды өзүнө кыналыштыра кучактады…)

Төртүнчү сахна

Үч-төрт сааттан кийин. Сейит менен Айдайдын квартирасы. Айдай жалгыз. Бир аз кызымтал. Чачы  — башы уйпаланган. Ич көйнөкчөн. Маанайы пас. Аңгыча сырттан шып этип Сейит кирип келди.
Сейит. Кеттиби?
Айдай. (Сейитти жек көрө карап) Ооба…
Сейит. Эмне болду?
Айдай. “Эмне болду?!.” Атаңдын башы болду!.. (Керилип туруп Сейитти жаакка бир чапты да, ызасына чыдабай эчкирип ыйлап ийди. Сейит жаагын сыйпалап, бозала болуп туруп калды).

 

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

Бешинчи сахна

Он жыл кийин. Сейит менен Айдай репетиция кылып атышты.
Сейит. (Образга кирип) Желмогуз! Желмогуз! Сен менин түбүмө жеттиң!
Айдай. (Образга кирип) Ушуну көрмөксүң!.. (Ачуу каткырды) Ах-ха-ха-ха!.. Ушуну көрмөксүң!.. Өзүң!.. Өзүң күнөөлүсүң!.. Ах-ха-ха-ха!.. 
Сейит. (Итиркейи келип) Эмне калп каткырып атасың?!. Ушинтип да каткырабы?!.
Айдай. (Кыртыштап) Анан кандай каткырат?!
Сейит. (Күйүп-бышып) Айдай!.. Түшүнчү, бай болгур! Сен жеңдиң! Сен аны жок кылдың! Бүттү, баары! 
Айдай. (Кыртыштап) Анан?!.
Сейит. (Ого бетер күйүп-бышып) Анан, ошол!.. Жеңген адамдын күлкүсү кандай болот?! Мына, моминтип каткырат: “Эй, адам баласы!.. Ушуну көрмөксүң! Өзүң!.. Өзүң күнөөлүсүң, баарына! Ха-ха-ха!.. Ха-ха-ха!..” Түшүндүңбү, айланайын?!
Айдай. (Ооз учунан) Түшүндүм…
Сейит. Түшүнсөң, ошол. Кайра!
(Пауза).
Эмне туруп калдың, жалдырап?!. Каткырбайсыңбы!.. 
Айдай. (Маанайы пас) Менин каткыргым эмес, ыйлагым келип атат.
Сейит. (Ого бетер жаны күйүп) Мен сага эмне деп атам, эртеден бери, айланайын, Айдай?!. Бул жер Желмогуз ыйлай тургун жер эмес! Киши, киши ыйлай турган жер! 
Айдай. (Маанайы ого бетер чөгүп) Желмогуз эмес, менин! Менин ыйлагым келип атат!.. (Ыйлап жиберди).
Сейит. (Чочуп кетти) Ай, ай… Сага эмне болду? 
Айдай. (Солуктап) “Эмне болду…” Сен менин түбүмө жеттиң!
Сейит. (Кооптоно) Эмне дейсиң?
Айдай. (Солуктап) Сен жеттиң, менин түбүмө, дейм!
Сейит. (Кооптонгону жасылбай) Жин тийдиби, сага, жылаан чакпай, жылкы теппей.
Айдай. (Жек көрө) И-и, байлатма болгону калдым!
Сейит. (Ачуусу келсе да өзүн токтотуп) Адамдын нервин бузбачы, көлөкөм! 
Айдай. (Жек көрө) Сенде да нерв барбы?!.
Сейит. (Кыжыры ого бетер келсе да сабыр этип) Дагы баягы пристубуң башталдыбы, жаакташмай?!.
Айдай. (Жек көрө) Сен күнөөлүсүң, ошого!
Сейит. (Өзүн араң карманып) Айдай?!
Айдай. (Жек көрө, чаңырып) Эмне?!. Эмне?!.
Сейит. (Өзүн араң токтотуп) Басылып калчы! (Тиштене) Бай болгур!..
Айдай. (Жек көрө) Сен мени ушинтип койдуң!
Сейит. (Өзүн араң токтотуп) Дагы?!. Баягы эле менби?!
Айдай. (Жек көрө) Анан, ким күнөөлү, ыя?!. Ким?!.
Сейит. (Кыжырын араң тыйып) Ай, ачык айтчы, сөзүңдү, адамдын куйкасын куруштурбай!..
Айдай. (Жек көрө) Чыгарманы талдаганда кыйынсың! Тим эле ийне-жибине чейин түшүнөсүң! Анан ушуну түшүнбөй калдыңбы?!
Сейит. (Коопоно түштү) Ай!.. Эмнени айтып атасың?
Айдай. (Жек көрө) Ошону айтып атам!.. Ошону!.. Баягыны!..
Сейит. (Кооптоно, бүшүркөп) Кайсыны?
Айдай. (Жек көрө) Баягыны… Баягы сен мени Сакиевдин койнуна салып бергениңди!.. Түшүндүңбү, эми?!.
Сейит. (Жаны чыгып) Жетишет!..
Айдай. (Жек көрө эликтей) Эмне, чучугуңа жеттиби?!.
Сейит. (Ого бетер жаны чыгып) Ай, аны сен экөөбүз ошентип макулдашпадык беле, ыя?!
Айдай. (Кайрадан ыйламсырап) Ушундай болоорун билгенде эч качан сенин азгырыгыңа көнбөйт болчумун!..
Сейит. (Кооптоно бүшүркөп) Эмне болуптур?!
Айдай. (Кейиштүү) Бирөөлөр билип койгон го деп жүрөгүң түшүп калдыбы?
Сейит. (Кара күчкө) Айтпайсыңбы, ачыгын!
Айдай. (Ого бетер ыйламсырап) Эзилип бүттүм… ошондон бери… Эзилип бүттүм…
Сейит. (Жүрөгү оордуна келе түштү) И-и, ошол элеби?..
Айдай. (Ыйламсырап) Ошол элеби деп коет… Ошол эмне, оңойбу?!. Каражамадай болуп жанымды жеп бүттү! 
Сейит. (Жайгарууга аракеттенип) Андан да жаман нерселер болот, бул жашоодо. Анын үстүнө, аны экөөбүз ошентип сүйлөшпөдүк беле. Эгер сен менден жашырып ошентсең, анда башкача болмок. Эң башкысы, экөөбүз түшүнөбүз да, эмнеге ошенткенибизди. А калганы, ерунда.
Айдай. (Жарылып) Ерунда?!. Менин кыйналганым, менин эзилгеним сага “ерунда” экен да, ээ?!
Сейит. (Айласы куруп) Эми, балээ болбодубу, мен андай ой менен айткан жокмун, кокуй.
Айдай. (Жек көрө) Сен коркунучтуу кишисиң! Аябай коркунучтуу кишисиң!..
Сейит. (Жайгарууга аракеттенип) Болду эми, репетиция кылып алалы. Бул теманы үйгө барганда сүйлөшөбүз.
Айдай. (Жек көрө) Сага репетиция, оюн, атак-даңк важный да, ээ, баарынан. (Какшыктап) “Айтбаев, Айтбаев” болуп, сый-урмат көрүп, барктуу болуп… “Атымды берип атат, көчөгө… Президент өзү чакырды, мени… Орден берип атат, медаль берип атат…” деп корстон болуп жүрө бер!.. А биякта менин эмне болуп атканым менен кенедей да ишиң жок! Тебе наплевать на душу человека!..
Сейит. (Жайгаруунун аракетинде, жалпактап) Ушунун баарына сенин аркаң менен жеттим да…
Айдай. (Жек көрө) Ооба! Мени Сакиевдин койнуна салып берип атып жеттиң, бети жок! 
Сейит. (Айласы кетип) Дагы кайра баштадыңбы? 
Айдай. (Жек көрө) Сенин ким экениңди эл билсе, жерге түкүрмөк!
Сейит. (Аргасы түгөнө) Болду, Айдай!.. Болду!..
Айдай. (Жек көрө) Өзүң кыла бер “репетицияңды!..” (Кетмекчи болду).
Сейит. (Айласы куруй) Айдай, токто!.. Токто, деп атам!..
Айдай. Тоспо, жолумду!.. Тур мындай!..
Сейит. (Айласы кетип) Айдай, эмне болуп атасың, ыя?!. Бир жума калды, премьерага!.. Түшүнөсүңбү, бир жума!.. 
Айдай. А мени ким түшүнөт экен?!.
Сейит. (Аргасы түгөнө) Болуптур, мен ит экемин!.. Баарына мен күнөөлүү экемин!.. 
Айдай. (Итиркейи келип) Калп ушинтпечи!.. Калп ушинтпечи-и!
Сейит. (Аргасы түгөнгөн калыбында) Айдай деп атам, Айдай...
Айдай. (Итиркейи ого бетр келип) Сенин баскан-турганыңдын баары жасалма. Калп. Сүйлөгөн сөзүңдүн баары калп. Жасалма. Сен деген… желмогузсуң! Желмогуз — сенсиң!
Сейит. (Эмне дээрин билбей) Болуптур эми, сеники чын…
Айдай. (Ого бетер итиркейи келип, жер тепкилеп) Итиркейимди келтирбечи-и-и!.. Келтирбечи, итиркейимди-и-и!.. 
Сейит. (Айласы ого бетер куруп) Эми кудай урбадыбы… Ой, анан эмне кылайын, эми?..
Айдай. (Чечкиндүү) Башка актрисага бер!.. Мен ойнобойм!..
Сейит. (Жаны күйүп) Мен эмне генийминби, бир жумада муштуровать этип таштагыдай?!.
Айдай. (Какшыктап) Билбейсиңби, “гений” экениңди?!.
Сейит. (Айласы куруп) Айдай, бай болгур, болдучу эми!.. Болдучу… Жаакташпайлычы… Иштейличи…
Айдай. (Жек көрө, башын чайкап) Айла жок экен да, сага…
Сейит. (Жалына) Айдай, алтыным…
Айдай. (Чок баскандай секирди) Сейит, алтыным дебе!.. Алтыным дебе!.. Мен сага жаш бала эмесмин, алданып калгыдай.  
Сейит. (Айласы кетип) Айдай… Түшүнчү, бай болгур…
Айдай. (Кайрадан ыйламсырып) Ошондо да ушинтип айткансың!.. “Түшүнчү, түшүнчү, бул экөөбүздүн келечегибиз үчүн” деп жалынып-жалбаргансың!..
Сейит. (Аярлап) Эмне, келечегибиз жаман болдубу?..
Айдай. (Жарылып) Эртеден бери мен сага эмнени айтып атам?!. Эмнени?!.
Сейит. (Күнөөлүдөй башын жерге сала) Кечирип кой, мен жөн эле…
Айдай. (Истерикага түшүп) Жетишет!.. Жетишет!.. Түбүмө жеттиң го сен, Сейит!.. Түбүмө жеттиң го!.. (Ошол калыбында сахнадан чыгып кетти).
Сейит. (Ооз учунан) Ай, Ай-дай… Ай-дай… (эмне кылаарын билбей дапдаарып Айдайдын аркасынан басмакчы болду. Ошол учурда сахнага Эмилия чыга калды).
Эмилия. Саламатсызбы, агай.
Сейит. Саламат, саламат… Сага эмне керек, карындашым?
Эмилия. (Тартына) Мен телевидениеден болом. Журналистмин…
Сейит. Тартканы келдиңби?
Эмилия. Ооба. Жаңы оюн коюп аткан турбайсызбы, тартып кел дешти. Репетиция кыла берсеңиздер. Биз тарта берели.
Сейит. (Кейип) Ка-ап, эртерээк келбейсиңерби, бир аз. Репетиция бүтүп калганда да келесиңерби?
Эмилия. (Кыйылып) Кайра башташаңыз болбойбу?
Сейит. Артисттерди кое берип ийбедимби.
Эмилия. (Кыйлып) Агай, бүгүн сөзсүз эфирден кетирмекпиз да.
Сейит. Мен эле сүйлөп берип коем.
Эмилия. (Кыйылып) Сюжет болсо жакшы болмок.
Сейит. Театрдын ичин-сыртын тарткыла. Мен ары басып берейин, бери басып берейин…
Эмилия. (Кыйылып) Мейли агай…
Сейит. Адегенде мен сүйлөйүн. Эмне үчүн ушул оюнду коюп атканымды айтайын. Баштайлыбы?
Эмилия. (Кыйылса дагы) Мейлиңиз…
Сейит. (Үнүн жасап-түзөп) Бул чыгарма эмне жөнүндө? Мен дайыма айтып келатам, биринчи кезекте, ыйманыбыз таза болсун деп. Мен ойлойм, эгер адамдардын ыйманы таза болсо – коом таза болот. Искусствонун милдети, өнөр өкүлдөрүнүн эң башкы парзы ушул – адамдын, коомдун ыйманынын тазалыгы үчүн күрөшүү. Мына, мен искусство адамы катары өмүр бою адамдын жан дүйнөсүнүн тазалыгы үчүн жан аябай күрөшүп келе жатамын. Ар бир чыгармамда ушул идеяны тутунуп келатамын. Коомубузду, ыймансыздыктан, эки жүздүүлүктөн арылтышыбыз керек! Ыймансыздардан, эки жүздүүлөрдөн тазалашыбыз керек! Мен дайыма айтып келатамын, улуу классик айткандай: “Мен таза болбосом, сен таза болбосоң, ал таза болбосо – коом кантип таза болот?!” деп. Мен өмүр бою шермендечиликти, жүзү каралыкты жек көрүп келатам. Ушул жек көрүүм – менин чыгармачылык кредом. Мен ушул чыгармамда да ушул кредомдон тайган жокмун. Адам аброй күткөнгө, мансап күткөнгө, байлык жыйганга, бийликке умтулбаш керек!.. Адамдын ыйманы таза болуш керек!.. Ыйманы!.. Адамдын руху бай болуш керек, биринчи кезекте. Мен бир мисал келтирип кетейин. Эмне үчүн аябагандай көп байлык топтогон дүйнөдөгү улуу-улуу империялар, мисалы, Византия кулаганын билесиңерби? Рухунун жардылыгынан ошентишкен!.. Алар материалдык байлык жыйышкан. А руху жарды болгон!.. Ошон үчүн кулап калган. Рухтун байлыгы керек, адамга… Коомго… Мамлекетке!.. Таза бололу!.. Ыймандуу бололу!.. Ыйманды тазарталы!.. Рухту байыталы!.. (Эмилияга) Кыскартып, кесип ийбей, толугу менен берсеңер, сөзүмдү. 
Эмилия. (Кыжаалат боло) Телевидениени билесиз да. Эфир чектелүү. Анан, ар кандай болуп калышы мүмкүн.
Сейит. Баары силердин эле колуңарда да. Толук кетирели десең эле, толук кетирип коесуң. Же жектекчилериңерге чалып, өзүм айтып коеюнбу? (Чөнтөгүнөн мобильнигин алып чыкты).
Эмилия. (Шашкалактап) Өзүм эле аракет кылам… толук бергенге.
Сейит. (Мобильнигин чөнтөгүнө кайра салды) Ошент, карындашым, ошент. Бул деген катардагы чыгарма эмес. Байкеңди болсо билесиң. Азыр, жакшылап туруп, менин даярданып атканымды тарткыла. Мына, азыр мен күйүп атам. (Образга кирмекчи болду).
Эмилия. (Түшүнбөй) Кантип күйөсүз? Бирдеме менен өрттөнөсүзбү? Сактана турган бир нерсеңиз барбы?
Сейит. (Нааразы боло) Атың ким?
Эмилия. Эмилия.
Сейит. Эмилия, карындашым, менин күйүп–бышып атканымды көрсөткүлө да!
Эмилия. (Дагы эле түшүнбөй) Кандай күйөсүз, ошону билейин деп атпайымбы. Же кагаз эле күйгүзүп коейсузбу, кандай?..
Сейит. (Пафоско берилип) Мына, менин күйүп атканымды!.. Моминтип!.. 
Эмилия. (Дагы эле түшүнбөй) Ошону көрсөтпөйсүзбү, агай… Эгер опурталдуу болбосо…
Сейит. (Нааразы боло) Сен кандай түшүнбөгөн кызсың, ыя?!. Мен сага эртеден бери түшүндүүрүп атам “менин күйүп атканымды көрсөткүлө” деп!..
Эмилия. (Аргасы кетип) Сиз көрсөтө бериңиз, анда… өзүңүз каалагандай, кантип күйөөрүңүздү. Биз тарта берели.
Сейит. (Пафоско берилип, өзүнчө буркан-шаркан түшүп, “репетиция” кыла баштады) Бул эпизоддун маанисин түшүнүп атасыңарбы, ыя?!. Бул деген укмуш эпизод!.. Биз муну менен эмне айтышыбыз керек, элге?!. Минткен болбойт!.. Аябагыла өзүңөрдү!.. Күйгүлө!.. Жангыла!.. Силердин күйгөнүңөр, силердин жанганыңар элге өтсүн!.. Ошолор кошо күйсүн!.. Кошо жансын!.. Түшүндүңөрбү?!. 
Эмилия. (Мыйыгынан күлүп, өзүнчө) Артист…
Сейит. (Эмилияга) Түшүндүңбү, эми карындашым, “күйгөн” эмне экенин?
Эмилия. (Бышкырып ие жаздап) Түшүндүм, агай…
Сейит. (Ишеңкиребей) Же дагы көрсөтөйүнбү?
Эмилия. (Шашкалактап) Ырахмат, агай, биз уже тартып алдык. Сонун болду.
Сейит. Жакшы тарттыңарбы?
Эмилия. (Безилдеп) Жакшы тартылды, агай.
Сейит. Эфирге кетээрдин алдында мага көрсөтүп койгула, макулбу?
Эмилия. (Кыйыла түштү) Агай, сизди таппай калсакчы?
Сейит. Мобильнигиме чалып койгула. Сөзсүз көрсөткүлө. Кокус, ардеме–бирдеме кетип калса… 
Эмилия. (Кыйыла) Аракет кылабыз, агай.
Сейит. Аракет кылбай эле чалып койгула.
(Эмилия унчукпай чыгып кетти. Ошол учурда Айдай кирди).
Айдай. (Какшыктап) Мхи!.. Гуру!..
Сейит. (Өзүн тыйып) Какшыктаба. Репетиция кылабызбы?
Айдай. (Так кесе) Жок!
Сейит. А эмнеге келдиң, анан?
Айдай. А мен эч жакка кеткен жокмун. Кулисанын артында карап турдум сени, дагы эмне деп элди “уму–разуму учить” этээр экен деп. (Жаны кашайып) Ушул сен үйрөтөсүңбү, элге, ыйманды?!. “Ыйман, ыйман” дейт!.. “Ыйман” деп айтыш үчүн, адам өзү ыймандуу болуш керек!.. Уялсаңчы!.. Уялсаңчы, ушундай сөздү айткандан!.. Ыймансыз!.. Абийирсиз!.. (Жаны ого бетер күйүп) Сакиевге салып бербедиң беле, мени!.. Мансапкор!.. Ыйманды анан сен айтасыңбы?!. Сенби?!.
Сейит. Болду!.. Акырын!.. Эл угат!.. 
Айдай. (Жаны ого бетер күйүп) Эл угат?! Элге эч качан жаман көрүнгүң келбейт, ээ?! Ай–ай-ай!.. Кандай адам менен жашап жүрөм, мен! “Күйүп атканымды көргүлө менин” деп! Сен өзүңө кана күйөсүң! Өзүңдү кана ойлойсуң! Сөз сүйлөсөң тим эле укмушсуң!.. Тилиңден чаң чыгат! “Идеальныйсың!” А ичиң толгон былык!
Сейит. (Эмне кылаарын билбей) Болду!.. Болду деп атам!.. 
Айдай. (Итиркейи келип) Сүйлөбөчү! Сүйлөбөчү, сен!.. Сен киши эмессиң!.. Сен ничтожествосуң!.. Маку – лук – суң, се – ен!.. (Бир аз тынымдан соң) Ажырашам, сени менен! Ушул сөздү айтайын деп келдим, сага! 
Сейит. (Аябай чочуду) Ажырашам?!.
Айдай. Ооба.
Сейит. (Эмне дээрин билбей) Эмне болду, анчалык?
Айдай. (Озондоп) “Эмне болду-у?!. Эмне болду-у?!.” Эртеден бери эмне деп атам, мен сага, ыя?!. Түшпөчү-ү кайра башы-нан!
Сейит. (Кара күчкө) Түшүндүм… түшүндүм… 
Айдай. (Жаны түтөп) Түшүнгөн жоксуң!.. Түшүнбөйсүң!.. Түшүнө албайсың!.. (Кичине тынымдан соң) Үйдү, оокат-жайды тең бөлүшөбүз.
Сейит. (Какшыктап) Уланды да тең бөлүшөбүзбү?
Айдай. Уланды оозанба.
Сейит. Эмне үчүн оозанбайт экемин, ал менин уулум болсо…
Айдай. Уулуңбу?
Сейит. Ооба, уулум.
Айдай. (Так кесе) Ал сенин… уулуң… эмес!..
Сейит. (Өңү бозоро түштү) Эй, Айдай! Эмне деп атасың, сен?!
Айдай. Эмне уксаң – ошо!
Сейит. (Жаны күйүп) Эй, Айдай, оозуңа карап сүйлө!
Айдай. (Сынай) И-и-и, жан “күйгөн” кандай болот экен? Ошондой болот!.. Улан… менин уулум, уктуңбу?
Сейит. (Жүрөгү ылдыйлап) Сенин уулуң… Бирок, менин да уулум. Атасы менмин.
Айдай. Сенсиңби, атасы?
Сейит. Менмин.
Айдай. Көрөсүң, жакында.
Сейит. (Кооптуу) Эмнени?
Айдай. Ошону… (Чыгууга умтулду).
Сейит. (Алдын тороп) Айт, ачыгын, тумандатпай.
Айдай. (Ачуулуу) Тур, жолумдан, мындай!
Сейит. (Чечкиндүү) Сен айт, ачыгын. Анан турам. (Кичине тынымдан соң) Мени менен ажырашып, уулума жаңы “папа” таап бергиң келип жүрөбү, ыя?!
Айдай. (Мыйыгынан) Азыр эле “эл угат” деп уялып атпадың беле?
Сейит. Репетиция кылып аткан экен деп ойлошот.
Айдай. Мына, желмогузсуң, ушундай! Желмогузсуң!
Сейит. Сеники чын… Айт!
Айдай. (Сынай) Уккуң келип атабы?
Сейит. Уккум келип атат!.. Эртеден бери, менин сөөгүмдөн өткөрүп, чучугума жетчү ушундай бир сөздөрдү айттың! Эми менден уулумду ажыратайын деп калган экенсиң да, ээ?!
Айдай. (Оозун камдап) Уулуң… Жок, жок!.. Тур, тур мындай!.. Жолумду тоспо!.. (Улкунуп–жулкунуп чыга жөнөдү).
Сейит. (Айдайдын артынан) Айдай, эсиңде болсун – мага үй-бүлөө кымбат, үй-бүлөө!.. Жылың төө болсо, баламды бөлөк бирөөнө телинди кылып көр! (Ачуулана бакырып) Роза!.. Чакыр, баарын, биякка! Эмне кылып жүрүшөт, ыя?!. Роза, деп атам!.. Кайда жүрөсүң, сен?! Роза, угуп атасыңбы, ыя?!. Роза!.. Бул эмне деген жер, ыя?! (Буркан–шаркан түшкөн бойдон чыгып кетти).

Алтынчы сахна

Күүгүм кирип калган. Шаардын ичи. “Эркиндик” эстелигинин карааны көрүнөт. Ошол эстеликтин тегерегиндеги тепкичтердин биринде Айдай олтурду, тамеки чегип. Аңгыча эки жагын элеңдей караган Сейит келип калды, аялынын жанына.
Сейит. (Нааразы боло) Кайда жүрөсүң, сен, кишини издетип?!
Айдай. (Бурк этип) Ишиң болбосун.
Сейит. (Жаны күйүп) “Кантип ишим болбойт”, ыя?! Кантип ишим болбойт?!. Издебеген жерим калган жок. Үйгө барсам, кыздарың “келген жок” дейт. Иште да жоксуң, хорошо, что тиги Райкүл көрүп калыптыр, ушуякта жүргөнүңдү. 
Айдай. (Сүйбөй) Жайыма койчу мени. Барчы.
Сейит. Кууба. Мен сени менен сүйлөшөйүн деп турам.
Айдай. (Кыртышы сүйбөй) Эмнени?
Сейит. Жүрү, үйгө барабыз. Анан ошол жерден баарын сүйлөшөбүз.
Айдай. Барбайм, азыр.
Сейит. Көгөрбөй, басчы.
Айдай. Барбайм деп атам. Айткың келип атса, ушул жерден айта бер.
Сейит. Көчөдөнбү?
Айдай. Көчөдөн болсо эмне экен?
Сейит. Биякта эл-журт жүрөт. Биз деген элге таанымалбыз.
Айдай. Күүгүмдө сени ким таанымак эле. 
Сейит. Баары бир көчөдөн болбойт да.
Айдай. Айтсаң, ушул жерден айт. Айтпасаң, кете бер. Кармаган жокмун.
Сейит. (Айласы кетип) Ушундай бир… адамсың да.
Айдай. (Суз) Сүйлө.
Сейит. Сүйлөсөм… ошол. Мен сени менен ажырашпайм. 
Айдай. (Суз) Как миленький ажырашасың, Сейит.
Сейит. Ажырашпайм.
Айдай. Көрөбүз.
Сейит. Коркутпа.
Айдай. Айтчу сөзүңдү айтчы, киши менен акыйнек айтышпай. Же бүттүңбү?
Сейит. Бүтө элекмин.
Айдай. Айтпайсыңбы, анда!..
Сейит. Элге-журтка шерменде болбойбузбу, экөөбүз, ажырашып олтурсак?!. “Айтбаевдер ажырашып атышыптыр” деп, эртең эле элге дүң дей түшөт.
Айдай. (Башын чайкап) Авторитетиме доо кетет деп, коркуп атасыбы? Ай, Сейит, ай, Сейит!.. Кандай кишисиң, сен!?.
Сейит. Менин авторитетимди коюп, кыздарыңды ойло!.. Ошолор элдин бетин кантип карашат, ыя?!. Ошону ойлодуңбу?!. Улан эмне болот?!. Муну ойлодуңбу?!.
Айдай. Уланды оозанба!
Сейит. Оозанам, эмне үчүн оозанбайт экемин?! 
Айдай. Уланды оозанганга моралдык укугуң жок, сенин!..
Сейит. (Жаны күйүп) Эмне үчүн?!
Айдай. Ошон үчүн!..
Сейит. Сен эмне баятан бери жылаандын башын кылтыйтып атасың?!
Айдай. (Сейитке кунт кое тигилип) Сейит… Улан сенин… балаң… эмес.
Сейит. (Какшыктап) Аны уктук, сенин балаң экен. Атасыз эле, өзүнөн-өзү жаралып калыптыр.
Айдай. (Башын чайкап) Сейит… Уландын атасы сен… эмессиң. Сейит. (Түшүнбөй калды) Эмне дедиң?
Айдай. “Уландын атасы сен эмессиң” дедим.
Сейит. (Какшыктап) Мен каяктан болоюн, абадан бүткөн да. Айдай. (Кейиштүү) Сейит, Уландын атасы… бар. Башка киши. Сейит. (Бүшүркөп) Башка киши?!. Ай, Айдай?!.
Айдай. Ооба, башка киши. Сен эмессиң.
Сейит. (Ишенээр-ишенбесин билбей) Оозуңа карап сүйлө, ай, Айдай!..
Айдай. (Кейиштүү) Аябай кыйналып кеттим. Ушунча жылдан бери ичиме катып келатам. Көтөрө албай кеттим. Сен эмессиң, атасы, Сейит!
Сейит. (Жаны түтөп) Ай, Айдай, жанымды жөндөн-жөн күйгүзбө! Күйгүзбө жанымды!
Айдай. (Тамагы буулуп) Жаның өрттөнсө дагы – ошол – Уландын атасы башка.
Сейит. (Жанталашып) Антип айтпа-а!.. Антип айтпа-а!..
Айдай. (Кейиштүү) Эмне десең, ошо де. Мен сага болгонун болгондой айтып атам.
(Тыным). 
Сейит. (Жалооруй) Айдай, “мен муну жөн эле айтып койдум, сага өчөшүп” дечи, бай болгур!
Айдай. (Көзүнөн жаш кетти) Сейит, антип өзүңдү алдаба. Чын!.. Уландын атасы башка!.. Башка!..
Сейит. (Дендароо болуп туруп калды) Сен!.. Сен!.. Сен калп айтып атасың!.. Калп айтып атасың!.. Ишенбейм!.. Ишенбейм!.. Улан өзүмдүн балам!.. Өзүмдүн балам!..
Айдай. (Башын чайкап) Ай, Сейит, ай, Сейит!.. Сен эмнени ойлодуң эле, ыя, мени Сакиевдин койнуна салып бергенде?!.
Сейит. (Бир азга селейе түшүп, анан капысынан сүйүнүп кетти) Мына!.. Мына!.. Айтса болбойсуң!.. Сакиевдин баласы эмес!.. Мен билем!.. (Истерикага түшүп каткырып) Ошондон кийин эки жыл сенин боюңа болгон эмес!.. Эки жыл!.. Көрдүңбү?!. Көрдүңбү?!. Калпың кармалдыбы?!.
Айдай. (Жаны түтөп) Ай, байкушум, ай, байкушум… Ошол эки жылдан кийин эмне болду эле, эстечи?
Сейит. (Кооптуу) Эмне болду эле?
Айдай. Ошону мен сенден сурап атам. 
Сейит. Эч нерсе болгон эмес.
Айдай. Чын элеби?
Сейит. Эмне болду эле, анан?
Айдай. Менин бир ай жоголуп кеткенимди билесиңби?
Сейит. (Калтаарый түштү) Качан бир ай жоголдуң эле? А-а, баягы киносъемкада, Россияда жүргөнүңдү айтып атасыңбы? Телефон жок, почтосу жок, тоонун арасында тартылганыңдабы?
Айдай. (Кейиштүү) Ооба, ошону айтып атам.
Сейит. (Жанталашып) Анда сен кинодо жүргөнсүң да, россиялыктар менен!
Айдай. (Кейиштүү) Кана ошол, кино? Кана?!
Сейит. (Жанталашып) Брак болуп калган да, ал кино!
Айдай. (Сынай) Ким айтты эле сага, ошентип?
Сейит. (Жанталашып) Ким?.. Азыр эстейм!.. Азыр!.. Ошентип айтып жүрүшкөн… Азыр!.. Азыр!..
Айдай. (Кейиштүү) Убара болбо. Сага эч ким антип айткан эмес, менден башка. Мен ошентип айткам.
Сейит. (Жанталашып) Сенби?.. Жок!.. Сен эмес!.. Башка бирөөнөн уккам! 
Айдай. (Кейиштүү) Жок нерсени кимден угасың?
Сейит. (Түшүнбөй) Эмне үчүн жок нерсе экен?! 
Айдай. (Кейиштүү) Тартылган эмес, андай кино. Тартылган эмес!
Сейит. (Дендароо боло түштү) Эмне үчүн “тартылган эмес?!” Айдай. (Кейиштүү) Мен сага жөн эле ошентип жалган айтып койгом. Менден башка сага эч ким айткан эмес. Эч ким! 
Сейит. (Жанталашып) Калп айтпа! Калп айтпа!..
Айдай. (Кейиштүү) Жакшылап эстечи, мен бир ай жоголуп келгенде, Турду эженин үйүнөн таппадың беле. Эже сени чакырып келип, үйүнө, адегенде жоошутуп, анан мени көргөзбөдү беле, сага? Ошондо кепке–сөзгө келбей туруп эле “каякта жүрдүң, бир ай?” деп, мурдуң менен бир тийбедиң беле. 
Сейит. (Башын ийкегилеп) Анан, бир ай жоголуп кетсең, чекеңден сыламак белем. 
Айдай. Туура. Эми эстедиң. Ошондо да, ушинтип айткансың, “чекеңден сылайынбы?” деп. Анан, бир жыл бою мени эзгенсиң, “кана, тартылган киноң, качан чыгат?” деп.
Сейит. (Маанайы пас) Любой киши ошентип эзмек.
Айдай. Мына, эми да ошондо айткан сөздөрүңдү айтып атасың. “Мени эмне мынча эзип атасың?” десем, “любой киши ошентип эзмек, менин оордумда болсо” дегенсиң.
Сейит. (Маанайы түшүп) Уланта бер.
Айдай. Акыры тажаганда “брак болуп калыптыр” деп атып, араң кутулгам, сенден. Ошондо да ишенбей “Россияга чалып сурайм” дегенсиң. Мен “чалсаң чал” дегем. Ошондон кийин гана токтотконсуң, мени эзгениңди. Сыягы, “чалсаң чал” деген сөзүмө ынансаң керек. 
(Тыным).
Сейит. (Шалдая түштү) Каякта жүрдүң эле, анан, сен?
Айдай. (Кейиштүү) Сакиев менен жүргөм… эс алып, отпуска учурунда.
Сейит. (Ого бетер шалдайып) “Сакиев мени чакырып атат, тоого барып көңүл ачып келели деп. Мен болбой койдум. Мен аны жек көрөм” деп жүрбөдүң беле?!.
Айдай. (Кейиштүү) Анан эмне дейин?.. “Суббота, воскресенье сайын Сакиев менен тоого чыгып, көңүл ачып, сайрандап жүрөм” дейинби, сага?!.
Сейит. (Ансайын шалдайып) А-а, экөөңдүн романың көпкө чейин созулган экен да?..
Айдай. (Кейиштүү) Көпкө чейин созулган. Сен Сакиевдин аркасы менен сыйлык алып, кадыр-барктуу болуп, наам алып, атак-даңкка жеткенден кийин да созулган. (Кичине тынымдан соң) Ошондо… Сакиев менен бир ай жоголуп кеткенде… боюма бүткөн…
Сейит. (Айласы куруп) Жаныңды жебе, Айдай!.. Жаныңды жебе!.. Сен менин жанымды күйгүзүп, жүрөгүмдү оорутуш үчүн ушинтип атайылап айтып атасың! 
Айдай. (Кейиштүү) Жанталашпа, Сейит… жанталашпа! Менин жаным да, ушунча жылдан бери сеникинен жаман кыйналып келатат. Мен өзүмө–өзүм калп айтып келатам! Өзүмдү–өзүм алдап келатам! Улан сени “аталап”, сага эркелеген сайын, сен аны “балам” деп эркелетип, өөп-жыттаган сайын, жүрөгүм мыжылып, жанымды коерго жер таппайм! Мунун баары калп да!.. Калп!.. Ал сенин балаң эмес, сен анын атасы эмессиң да! (Кичине тынымдан соң) Ошондо сенин бал тилиңе алданганым үчүн өзүмдү-өзүм кечирбейм! Эч качан кечирбейм! Жек көрөм, өзүмдү! Ушунча калпты, ушунча эки жүздүүлүктү көтөрүп жүрүп чарчадым! Чарчадым! Сейит!.. (Шолоктоп ыйлай баштады) Адегенде… боюма бүткөндө, кийин жаңыдан төрөгөндө өзүмдү-өзүм жубаткам “жабылуу аяк, жабылуу бойдон кала берет” деп. Бирок, Улан чоңойгон сайын жүрөгүм эзиле баштады!.. Акылымды башкара албай койдум! Соорото албай койдум, өзүмдү! Сейит!
Сейит. (Дендароо боло күбүрөнүп) Кантип ишенем, мен сага?! Кантип ишенем?! Кантип эле… Улан!.. Кантип эле ошондой болсун?!
Айдай. (Ыйын тыя албай) Ошондой, Сейит! Ошондой!..
Сейит. (Тамагы буула, жалынып) Айдай!.. “ Улан сенин балаң” деп койчу, бай болгу-ур!.. “Сенин балаң” дечи?!.
Айдай. (Ыйын тыя албай) Жок, сенин балаң эмес, Сейит!.. Сенин балаң эмес!..
Сейит. (Айласы куруп) Эмне мынча таш боорсуң, Айдай?!. Эмне мынча таш боорсуң?!. Уланды жанымдан артык көрөөрүмдү билесиң го, сен?!.
Айдай. (Ыйын тыя албай) Мен күнөөлү эмесмин, Сейит!.. Мен күнөөлүү эмесмин!.. Өзүң!.. Өзүң!.. Ушундай болоорун мени Сакиевге салып берээрден мурда ойлонушуң керек болчу!.. Ушуну көрмөксүң!.. (Кичине тынымдан соң) Эми Уланга болгонун болгондой айтамын…
Сейит. (Жанталашып) Аныңды кой, Айдай! Аныңды кой! Анда… сен мени өлтүрөсүң!
Айдай. (Ый аралаш) Сейит, сен дагы эле түшүнбөй атасың! Мен эзилип бүттүм! Мындан ары мындай кыйноого чыдай албайм! Чыдай албайм!..
Сейит. (Жанталашып жалынып-жалбарып) Айдай!.. Суранам!.. Антпе!..
Айдай. (Башын чайкап) Жок!.. Жок!..
Сейит. (Ого бетер жанталаша жалынып-жалбарып) Айдай!.. Айдай!.. Мени Уландан… Уландан айырба! Айырба!.. Айдай!..
Айдай. (Ыйын токтотпой) Жалынба!.. Жалбарба, Сейит!.. (Кетмекчи болду).
Сейит. (Жанталашып) Токто!.. Токто!.. Айдай!.. (Үнү буулуп) Өмүр бою кулуң болоюн!.. Өл десең, өлөйүн!.. Тирил десең, тирилейин, Айдай!..
Айдай. (Ый аралаш) Сейит, жолумду торобо!..
Сейит. (Ого бетер жанталашып) Анда… мени биротоло өлтүрүп кет!.. Өлтүрүп кет, мени!
Айдай. (Ый аралаш) Эркек болчу! Бир жолу эркек болуп койчу, Сейит!
Сейит. (Демин жыя албай) Өзүң… өзүң бил, анда… (шалдайып олтуруп калды). 
Айдай. (Башын чайкап) Эмне таптың?!. Эмнеге жеттиң?!. (Тыным.
Айдай басып кетти. Узакка созулган тыным). 
Сейит. (Аптыга, төшүн мыкчып Айдайдын артынан басты) Ай-ай-ай-дай!.. Жа… жа-ман болуп баратам!.. “Улан… Улан сенин эле балаң” деп койчу, Айдай!.. Суранам, ошентип койчу!.. Уланга айтпачы!.. Айтпачы!.. Ал… ал, менин эле у-у-у-уул-ум!.. (Аптыккан калыбында) Жа… жа-ман болуп баратам!.. (Онтоп ийди) А!.. А!.. (Колун сунуп алга умтулду да, капысынан теңселип барып, жерге кулап түштү. Ошол бойдон жыгылган жеринде былк этпей жатып калды).

Бүттү.

15.02.07.— 08.04.07.

© Жаныш Кулмамбетов, 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3114