Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Киносценарийлер
© Кулмамбетов Ж.О., 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 18-сентябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Беш токол же тополоңдуу күндөр

Кинокомедиянын сценарийи

Эки бир тууган “жаңы кыргыздар” байып, токолдуу болгусу келет. Алардын оюна аялдары каршы чыгышат. Талышка алардын эжеси да аралашат. Келиндерине жан тарткан ал акылсыз инилерин “окутуп” коюга өтөт...

 

Катышуучулар:

Алымкан.
Бейшенбек – бизнесмен.
Бурулай – Бейшенбектин аялы.
Жыргал – Бурулайдын курбусу.
Айчолпон – Бейшенбектин кызы.
Шейшенбек – айылдык фермер, Бейшенбектин агасы.
Айнагүл – аялы.
Каухар – жаш кыз.
Мадина – каухардын апасы.
Муратбек – каухардын атасы.
Соня – кыз.
Шакира – сонянын сиңдиси.
Кызматчы кыз Майрам.
Репортёр Султанбек.
Оператор Барктабас.
Касымбек – Бектурдун уулу.
Айдоочу Аалыбай.
Салиман – Алымкандын курбусу.
Шарапат – Алымкандын курбусу.
Айпери – Алымкандын небереси.
Бектур – Салимандын күйөөсү.
Маша – орус кыз.
Мирлан – Бектурдун небереси.
Почточу Апсалаң.
Орус турист.
Иш алып баруучу кыз.
Өтүп бараткан киши.
Жуучу аял.
Таксист.
Эс алып жүргөндөр.
Күбө кыз.
Күбө жигит.

 

***

Жай мезгили. Кеч бешим. Джип келатты, көлдү бойлоп кеткен шоссе менен. Рулда кырктын кырына келип калган Айнагүл эле. Анын кабагы бүркөө болчу.

***

Ошондон бир аз өткөндөн кийин джип көлдүн жээгиндеги айылды көздөй бурулду.

***

Так ошол учурда, алтымышты жылоолоп калган Алымкан эки теңтушу Салиман, Шарапат менен чай ичип олтурган, багынын түпкүрүндө, шаракташа күлүп, ар нерсе– Бир нерселерди айтышып.

– Чоң эне!.. Чоң эне!.. – деп, аңгыча кичүү небереси, он– он бирлерди чамалаган Айпери чуркап келди, Алымкандын жанына. – Айнагүл тайжеңем келди.

– Келсе, кириңиз дебейсиңби, биякка, – деди Алымкан, чайын ууртап.

– Кирбейм, деп атат, – деп Айпери чоң энесинин кулагына акырын шыбырады, аялдарга угузбай.

– Омей, жин тийгенби, ага? Жаңы келген келинден бетер, – деп Алымкан ордунан турду. – Силер чай ичип тургула, мен барып билейинчи. Чай берип тур апаларыңа, – Неберсине табыштап коюп, өзү үйүн көздөй басты.

***

– Чоң эже-е!.. – деп буркурап ыйлап ийди, машинасынын кабинасын ачып коюп, күтүп олтурган Айнагүл Алымканды көрөөр замат эле, тигиге боюн таштап.

– Э, коку-уй, эмне болду?!. – деп, келинин бир карап, бакырып алып, кошо ыйлады Алымкан. – Шейшенбекпи– и?!.

– Ооба!.. – деди өпкө– өпкөсүнө батпаган Айнагүл токтоно албай, башын ийкегилеп.

– Качан?! – деди Алымкан, көзүнүн жашын тыя албай, озондоп ыйлап.

– Бир жума болду! – деди Айнагүл ого бетер буркурап.

– Бир жума?! – деди Алымкан, келинине жаштуу көзү менен таң кала карап. – Ай, бир жумадан кийин, эми келдиңби анан?!

– И-и... – деди Айнагүл жашын тыя албай.

– Ай, Айнагүл, ушул бир карыш жерде туруп, мага кабар айттырганга жараган жоксуңарбы, ыя?! – деди Алымкандын жаны күйүп, көзүнүн жашын тыя албай..

– Эмне кабар? – деди Айнагүл, ыйын токтото салып, солуктап Алымканга таң кала карап.

– Ошол замат эле айттырбайт белең, ыя, Шейшенбек өлдү деп!.. – деди озондогон Алымкан, ого бетер жаны кашайып.

– Качан мен сизге ошентип айттым? – деди Айнагүл элейип, Алымканга карап ого бетер таң кала.

– Ай, Айнагүл, эмне деп эле башымды айлантып атасың, сен?! – деди Алымкан, келинине бүшүркөй карап. – Шейшенбек тирүүбү, деги?!

– Аман– Эсен эле жүрөт, – деди Айнагүл солуктап, жактырбай.

– Анан эмне, мени көрөөр замат эле буркурап ыйлап ийдиң, ыя, кишинин жүрөгүн түшүрүп? – деди Алымкан, ыйын тыйып. – Шейшенбекпи, десем ооба дебедиңби, азыр эле.

– Ооба, Шейшенбек... – деди Айнагүл.

– Дагы эмне дейт бул?! – деди Алымкан делдейип, кайра ыйламакчы болуп.

– Иниңиз соп– Сонун эле жүрөт. Баарыбыз эле аман– Эсен турабыз, – деди Айнагүл, көзүнүн жашын аарчып.

– Ошентчи, кишинин жүрөгүн түшүрбөй, – деди Алымкан, ыйын басып. – Анан эмне болду?

– Эмне болсун... – бир аз буйдала түштү Айнагүл. – Эже, иниңиз токол алам деп атат, – кайра ыйламсырап ийди келини.

– Ок, трактир!.. Эмне дейт?! – Алымкан ченебей чочуп кетти.

– Ошентип оолугуп атат. Бир жума болду, – деди Айнагүл ыйламсыраганы басылбай.

– Анан дароо эле ошентип айтпайсыңбы, кишинин заманасын куурултпай, – деди Алымкан, жүрөгү ордуна келип, демин басып. – Шашпа, ал жампыйган жаманга жетейин!– ызырына сүйлөдү ал. Анан чөнтөгүнөн мобильнигин алып чыгып чалып ийди. – Бул кандай эле эркектин баары токол алам деп оолугуп калган, ыя?! – телефонун тыңшап атып кобуранып алды ал.

– И-и, угуп атам, – деди бактын ичинде чай ичип олтурган курбусу Салиман, кол телефонун кулагына такап.

– Ай, Салиман, – деди Алымкан, – Мен срочно инимдикине кеттим. Зарыл иш чыгып калды. Силер чай– Пайыңарды ичип алып, кете бергиле. Калганын эртең улантабыз.

– Э, кокуй, маршалл, бизди таштап эле кете бересиңби? – деди Салиман, таарыныч кыла.

– Карышкыр жемек беле силерди, – деди Алымкан, борсулдай күлүп. – Чайдан баса– Баса ичип, жакшылап ушакташып, мени да кошо, моокумаңар канганча ушактап алып, анан кеткиле.

– Апе– ей, койчу, ай, ал эмне дегениң? – деди Салиман калп чычалап.

– Эми, ушактаарыңар чын да, чычалабачы, бай болгур. Мындай басаарым менен эле шыбай баштайсыңар да, – деди Алымкан борсулдай күлүп.

Салиман да кызара түшүп, күлүп ийди.

– Ошондой дебейсиңби анан, – деп, Алымкан мобильнигин өчүрдү да чөнтөгүнө салды.

– Кеттик, – деп, Алымкан Айнагүлгө карады да, ошол бойдон эле дароо джипти көздөй басты.

Экөө джипке олтуруп, машине ордунан козголду.

***

Ошол эле күнү. Кечке маал. Көлдүн жээгинде жайгашкан чакан поселоктон дугдуңдаган, 27-28дерге чыгып калган, бир лакыйган кыз кол арабага күрөк, лом, чукулук, узун шыргый, көйнөк– көнчөк салып алып, жээктеги токойду көздөй салып уруп келатты. Ал Соня болчу.

– Сениби! Карап тур! – деп, ызасына чыдабай күбүрөнгөн Соня, лакылдаган бойдон көлгө жакындады.

***

Ошондон бир аз убакыт өткөн. Соня токойдун ичиндеги аянтчада кара терге түшүп, улам чекесин сүрүп коюп жер казып атты.

***

Дагы бир кыйла убакыт өткөн. Соня карагайды тургузуп бүтүп, тегерегин таптап кирди.

***

Күн батып бараткан. Эчак эле орнотулган шырыктын түбүндө узунунан суналган аял затынын куурчак денеси жатты. Бир караган кишиге бул тирүү адамдын эле денесиндей таасир калтырат. Соня улам– Улам жерде жаткан фотону кунт кое карап, дененин башына – папье– Машеге көз, каш, ооз тартып атканынан улам гана анын куурчак экенин билүүгө болоор эле.

***

Күүгүм кирип калган. Токойдогу аянтчада шырыкка асылган аялдын сөлөкөтү турду.

***

Көз байланып калган мезгил. Соня бош арабасын түртүп алып, анда– Санда жарыгы күйгөн поселокту көздөй кайтып келатты.

***

Түн. Шейшенбектин үйүнүн багынын ичи. Чарпаяда Алымкан менен Айнагүл олтурушту, дасторконду жайып коюшуп, тамак ичишип. Алымкан чайдан ууртап, улам үйдүн дарбаза тарабын карап, бирөөнү чыдамсыздык менен күтүп аткандай түрү бар эле.

Ошол учурда, тигилердин сөзүн бастырмасына чөп жыйылган сарайдын ичинен Соня менен он төрт– Он беш жашар өспүрүм сиңдиси Шакира тыңшап, дубалдын бир чоңураак, бири кичирээк жылчыгынан улам– Улам аларды карап атышты.

– Мобул эле кошунанын кызы, отузга чыккыча эр албаган, – деди Айнагүл жаман көрө башын экчеп, коңшу үйдү көрсөтө. – Аты Соня.

– Сомуран калсын, Соня болбой! – деди Алымкан жактырбай.

– Өзүң сомуран кал! – деди Шакиранын жини келип, Алымканды эликтеп.

– Ошону айтпайсызбы, бирөөнүн эрин талашып эмне кылат, эркектен көзү бозорсо дагы! – деди Айнагүл Алымканды шыкактап.

– Тиги катын шыкактап атпайбы, – деди Соня Айнагүлдү көрсөтө.

– Ал шыкактабаса деле, өзү ошондой кемпир экен. – Карасаң, карасаң... Ойи-и-и-ий, – деди Шакира башын чайкап, – Шүмшүк неме экени, кебетесинен эле көрүнүп турат, ай, – Соняны капталга укуду. – Ушул мастенге келин болсоң – шоруң шорподой гана кайнайт го, байкушум.

– Ушинтип эле жүрө берейинби анан, отузга чыкканча эр албай? – деди Соня, кабагын бүркөп.

– Ай, алтымыштагы чалга жабышпай, издебейт белең, жашыраагын, – деди Шакира эжесин жактырбай, жылчыктан Алымкан менен Айнагүлдү карап атып.

– Зато, фермер, бай, – деди Соня, – катынына алып бергендей джиптен мен дагы алдырып алам. Андан да крутоюн. Биринчи, төрөйүнчү. Керек болсо, сага да бир машине саттырып берем.

– Кыйратыпсың, – деди Шакира эжесин жактырбай. – Оми– ий, оми– ий, чай ичкенин кара, тим эле оштонот. Пай– пай– пай, пай– пай– пай! Бул сени өлтүрөт, ай.

– Мени эмне оңой деп атасыңбы? – деди Соня мыйыгынан, акырын булчуңун түйүп. – Башымды баткырып алайынчы, анан көрөсүң кимди ким “өлтүрөөр” экен.

– Сен да биртопсуң, ай. Экөөң бириксең... Элестетип атам!.. – Шакира токтоно албай каткырып ийди.

– Жап оозуңду, жарбагыр! – деди Соня катуу шыбырай, шаша– буша тигинин оозун алаканы менен басып. Шакира күнөөлүчө алаңдап, күлкүсүн тып токтотуп, тигилер тарапты карап калды.

– Биякта бирөө барбы? Бизди бирөө тыңшап аткан го дейм, ыя? – деди Алымкан эки жагын карап, шектене.

– Таң, – деди Айнагүл да бүшүркөп. Анан ордунан туруп кошунанын сарайынын дубалына жакын келип, бутунун учуна туруп, тигилердин короосунун ичин карады. Короодо эшек турган... Айнагүлдү тиктеп.

– Эшек экен, – деди Айнагүл, Алымкандын жанына келип.

– Эшек да каткырчу беле? – деди Алымкан ишеңкиребей, Айнагүлгө таң кала карап..

– Билбейм, эшектен башка эч нерсе жок, – деди Айнагүл ийнин куушуруп.

– Эшек каткырат, еще как каткырат! – деди Шакира кыткылыктап күлүп.

– Болду! – деди Соня аны тыйып. – Дагы каткырып ийсең...

– Дагы эшек... – деди Шакира ого бетер кыткылыктап.

Алымкан менен Айнагүл эки жакка бир аз кулак түрүп турушту да, анан кайра сөзүн улашты.

– Эриң кайда? – деди Алымкан. – Эмне мынча кечикти?

– Жүрөт да... Жанагы Соня деген жала... – Айнагүл оозун камдап жаман сөз айтып ие жаздап, анан, – ...ошону менен, – деди кабагы бүркөлө, жини келип.

– Эй, сволочь, мен биякта турам! – деди Сонянын да жини келип, Айнагүлгө акшыңдай карап, эликтеп.

– Идиотка! – деди Шакира эжесине кошулуп, Айнагүлдү жаман көзү менен карап. – Өзүң ошондойсуң! – жини келе дубал тарапка тап берди.

– Соня эриңдин жанында жүрөт дейсиңби? – деди Алымкан.

– Анан кайда жүрмөк эле, – деди Айнагүл, – Эптеп тийип алайын деп асты– Үстүнө түшүп атат да.

– Эмне-е?!. Эй, катын! Мына, кара! Көзүң барбы?! Мен дубалдын артында турам! – деди жини келген Соня Айнагүл тарапка титиреңдеп. – Эмне кылсам, ыя? Мобул катын, баятан бери эле менин күнөөмдү көтөрүп атат! – айласы кетип атты анын. – Эй, кайтарып албайсыңбы, эриңди, көрүнгөн юбканын артынан тентитип ийбей! – жаны кашайып кетти кыздын ордунан секире кыйкырып.

– Айи-и-ий, азыртан ушинтип атат. Көрөсүң, бул аял сени кийин баткырбайт, кылдан кыйкым таап, ей богу, – деди Шакира, башын чайкап.

– Баткырбайт?! Ошентип эле көрсүн, балжа– булжа кылып коем! – деди жини келип турган Соня тиштенип, булчуңун таштай түйө.

– Сенин колуңдан келет, андай, – деди Шакира Соняны карап, сөөмөйү менен көрсөтө дагы каткырып ийди.

– Акырын дебемдим беле! – Соня Шакираны ичке бир сокту.

– Ө– Өк!.. – Шакира өзөөрө түштү, ичин басып олтуруп калды. – Акырын сокпойсуңбу!.. – деди оозу араң камтууга келип, кыңылдай сүйлөп, эжесине нааразы боло.

Соня ага муштумун көрсөтүп койду.

Алымкан менен Айнагүл шекшине бири– Бирин карап калышты.

– Эмне эле болуп атат, тиякта?– деди Алымкан сарай тарапка башын жаңсап, бир нерседен шекший. – Сарайдын ичин карачы. Ошоякта бирөөлөр бар окшойт. Каткырык уктум.

– Мен да уктум, каткырык, – деп, Айнагүл шекшине ордунан турду да, сарайды көздөй басты.

Жылчыктан шыкаалап турган Соня:

– Өлдүк! – деди алаңдай. Анан алдастай эки жагын карады, көзүнө короодо турган эшек урунду. Дароо сарайдан атып чыгып, эшекке жетти, заматта. Эшекти суулугунан алып, сарайды көздөй жетеледи. Эшек кыйыктанып басаар түрү жок эле. Айласы кеткен Соня жанталашып эшекти аркасынан түртө баштады...

Айнагүл сарайдын жанына келип, түз эле жылчыктан ичин карады – момоюп, эки кулагын шалпайтып... эшек турган, Айнагүлдү тиктеп, ыржая. Айнагүл эшекке таң кала карап, көргөн көзүнө ишенбей турду. Анан көзүн ачып– Жуумп койду да, кайра артына тартты.

– Ким экен? – деди Алымкан Айнагүл жанына келгенде.

– Дагы эшек... – деди Айнагүл, чарпаяга көчүк баса.

– Капырай, бу силердин айылдын эшектери адамча каткырып калган го, тим эле, – деди Айлымкан, Айнагүлгө карап, ишеңкиребей.

Айнагүл дагы ийнин куушуруп, үндөгөн жок. Эмне болуп атканына өзү да түшүнө албай олтурду, ал.

Сарайдын бурчуна жабышып, өзөөрүп олтурган Шакира муну укканда ыкшый күлүп, ичин басып жерге кулап түштү, орундуктан.

– Барчы, үйгө! – деди Сонянын жини келип, сиңдисине.

– Болду, болду, эми унчукпайм, – деди Шакира жерде жатып алып бүлкүлдөп, күлкүсүн тыюуга аркеттенип.

Аңгыча Шейшенбек көрүндү, дарбаза тараптан, жүрөксүнүп келаткан. Ал эжесин көрө сала эле шашкалактай чарпаяны көздөй басты.

Шейшенбек чарпаянын жанына келгенде эле:

– Кандайсыз, эже? – деди жан– алы калбай, учурашып.

– Жакшы, – деди Алымкан инисин карап, суз бурк этип.

Айнагүл эрин жаман көзү менен карап койду.

– Эмне болду эже, сизге? – деди Шейшенбек жалпактап.

– Олтур, мындай, эмнени эмне кыласың! – деди Алымкан, Шейшенбекти сынай тиктеп.

– И-и, угуп атам, эже, – деди Шейшенбек кара күчкө күлүмүш этип, чарпаяга көчүк басып.

– Ай, жубарымбек! – деди жини келген Алымкан, Шейшенбекти карап. – Сен эмне кутуруп атасың, ыя?!

– Эмне болду, эже? – деди Шейшенбек кара күчкө карсылдап күлүмүш этип.

– Токол алгың келип калдыбы, эми? – деди Алымкандын ачуусу ого бетер келип, инисин кекете.

– Аны сизге ким айтты? – деди Шейшенбек кадимкидей жалтактап, астыртан сен айттыңбы дегенчелик кылып Айнагүлгө каш серпти.

Айнагүл кабагын чытып унчукпай, башын ала качып кетти.

– Жооп бер! – деди Алымкан, кадимкидей сурданып.

– Эми... – деп Шейшенбек сөз айта албай ымтырап калды.

– Жооп бер, ай жооп бер! – деди Сонянын жини келип. – “Токол алам, катыным “болду, төрөбөйм” деп атат” дебедиң беле, айтпайсыңбы ошону, эжеңе! Тууп берет, токолум чубуртуп дебейсиңби!

– Точно, чубуртуп төрөйсүң. Сен еще жашсың, керек болсо детсад кылып таштайсың, – деди Шакира. – Ай, анан ошончо баланы бага алабы, мобул абышкаң?

– Багат! – деди Соня чечкиндүү. – Керек болсо, тээтиги катынына кошо бактырам!

– Сенин колуңдан келет, андай, – деди Шакира эжесин кубаттап.

– Ай, жубарымбек!.. – деди Алымкан жини келип, сөзүн андан ары уламакчы болуп.

– Ушу, алтымышка чыгып калсам да “жубарымбек” деп тилдейсиз да, – деди Шейшенбек калп таарынчы кылып күлүмүш этип, эжесинин сөзүн бөлүп кетти.

– Кылып атканың жаш баланын кылыгы болсо, тилдейм да, – деди Алымкан ачуусу келген бойдон. – Эмне, Айнагүлдөн тажап атасыңбы, ыя?

– Эже, эми түшүнсөңүз... Айнагүл кыркка келди, – деп сөзүн баштады Шейшенбек, Айнагүлгө астыртан карап.

– А сен алтымыштасың, – деди Алымкан ачуулуу, бурк этип.

– Ооба, – деди Шейшенбек мойнуна алып.

– Мен да сенин Соняңдай жаш болчумун бир кезде, – деди Айнагүл күйөөсүн жаман көзү менен карап. – Эртең эле аның да эмшейген кемпир болот! – деди аялы атайлап басмырлай.

– Оозуңа таш! – деди Сонянын жини келип Айнагүл тарапка акшыңдай. – Өзүң эмшей! Өзүң кемшей!

– Сүйлө, сүйлө, угуп атам, – деди Алымкан, Шейшенбеккке.

– Сүйлөсөм... – деди Шейшенбек ымтырап, – ...баланын жытын сагындым эже.

– Баланын жытын сагынып атсаң, багасың неберелериңдин бирин! – деди эжеси, кабагын түйө.

– Ошону айтпайсызбы! – деди Айнагүл ичи ачыша сөзгө аралашып. – Каяктагы бир эр албаган кыздын көчүгүн аңдыбай.

– Атаңдын как башы! – деди, Соня ызасына чыдай албай, Айнагүл тарапка жини келе үнүн болушунча кыйкырып.

Алымкан, Айнагүл, Шейшенбек үн чыккан тарапты шак карашты.

– Кеттик! – деп Шакира, сарайдын оозун көздөй атып жөнөдү.

Соня да жалт артына бурулду.

Эже– Сиңди эки кыз заматта сарайдан атып чыгышты да, тапыраган бойдон үйүн көздөй чуркашты.

– Атаңдын как башы!.. Атаңдын как башы!.. – деп, үнүнүн жетишинче кыйкырып баратты Соня.

Кыйкырык– Чуудан иттер ажылдап үрүшүп, сарайдагы эшек айкырып ийди.

– Айтса болбойсуң... – деди Алымкан селейе түшкөн Айнагүлгө карап. – ...эшек эле эшек дейсиң!

– Эшек турган, мына айкырып атпайбы, сарайда, – деди элейген Айнагүл, чуркап бараткан кыздардын артынан карап.

– Көрдүм кандай эшек экенин, – деди кыздарды узата тиктеген Алымкан Шейшенбекти жаман көзү менен карап. – Саксалаңдап баратканын кара, тээтиги чоңунун, кичинесине теңелип. Акылы жок!

– Ала турган токолу! – деди Айнагүл Шейшенбекти жаман көзү менен карап.

Сонянын кылыгына уялганынан Шейшенбектин жети өмүрү жерге кирип олтурду.

***

Эртеси. Шашке чен. Шейшенбектин заңгырата салынган үйү. Короосунда эки– Үч машине. Сарайында күтүрөгөн мал.

Алымкан, Айнагүл, Шейшенбек болушуп үйдөн сыртка чыгышты. Алардын чыкканын бактын ичине кир жайып аткан Соня көрдү. Тигилерге жакыныраак келип, бактын далдоосуна турду да сөз тыңшап калды.

– Уктуңбу, токол алам дегенди токтот. Атам замандагы жоруксуз жосунду жасабай. Депутат айтып атпайбы дейсиң. Ошол депутатың өзү токол алаарын бир Кудай билет. Айта берет да ошентип. Депутат айтса эле эмне экен? Депутат өл десе өлөсүңбү, кой десе коесуңбу? Андай шылтооңду кой, – деди Алымкан, Шейшенбекке. – Мына, өзүң уктуң, аялың, кыркка чыксам да чымырканып туруп, төрөсө– төрөп деле берейин деп атат, – туурабы дегенчелик кылып, келинине карап койду.

Айнагүл акырын башын ийкеди.

– Башка шылтооң жокпу? – деди Алымкан Шейшенбекке суроолуу тигилип.

Шейшенбек ындыны өчкөн немече лам деп ооз ачкан жок.

Алымкан обочодо турган Айнагүлдүн джипин көздөй басты, иниси менен келининин коштоосунда.

Алымкан менен Айнагүл джипке олтурушту. Машине ордунан козголду. Шейшенбек эжеси менен аялын узатып кала берди, ындыны өчүп.

Баятан тигилерди карап жини келип турган Соня, кабагын бүркөй терс бурулду да, бутуна чалына түшкөн желим дагараны ыргыта тээп, жайып аткан кирин көздөй басты, тултуңдап.

***

Айнагүлдүн джипи көлдү бойлоп зуулдап баратты.

Бир аздан кийин машиненин алды жагында бир эшекчен караан көрүндү. Джип караанга жакындаганда Айнагүл машинесинин акырындатты.

– Эмне болду? – деди Алымкан.

– Соня!.. – деди Айнагүл эшек минип бараткан аялзатын көрсөтө.

– Анда жет! Жанаша айдачы. Мен бир сүйлөшөйүн бул саксак чач менен, – деди Алымкан жини келип, кабагын түйө.

Айнагүл эшек минген Соняга жете берип, жанашып калды. Соня тигилерге көңүл бурган жок. Алымкан машинеден улам колун созуп, тигини капталга түртөйүн десе жетчүдөй түрү жок. Анан, чымырканып туруп, кулап кетемби деп жүрөксүнө, терезеден белчесине чейин чыкты да Сонянын далысынан кармайм деп, кокусунан чачынан апчый кармап алды.

– Апе– Ей, трактир!.. – деп жүрөгү түшө кыйкырып ийген Алымкан, ордуна олтуруп калды. Колунда Сонянын шыпырылып түшкөн чачы турган. Аны, таң кала түшкөн жанындагы Айнагүлгө көрсөтүп, селейип, эмне болгонун түшүнбөй турду, Алымкан. Сонянын башы жылтырап таз экенин экөө тең көрүштү. Ал түгүл күнгө жалтылдап чагылыша да кетти, Сонянын тазы. Алымкан элейе, бир эсе колундагы чачты, бир эсе эшек минип, башы тазырайган Соняны карап бир саамга делдейе түштү кадимкидей.

– Ай, бул эмне?! – деди колундагы парикти келинине көрсөтө.

– Чач, – деди Айнагүл мыйыгынан күлүп.

– А тиги эмне? – деди Алымкан Сонянын күнгө чагылышып аткан жылтыраган таз башын көрсөтө, үрөйү учуп.

– Баш, – деди Айнагүл дагы мыйыгынан.

– Бул чач, тигил баш... Тигил баш, бул чач... Анан кандайча?.. – деп, бир нерсени түшүнө албай турду, делдейген Алымкан, бир туруп чачты карап, бир туруп башты карап.

Так ошол убакта:

– Дай сюда парик! – деп Соня башын шарт буруп Алымканды карады эле, Алымкан:

– А– Ай, трактир!.. деп, олтургучтун жөлөнгүчүнө жабышып, көзүн алайткан бойдон катып калды. Анын бет маңдайында мурут– Сакалы бар, көз айнек кийген чет өлкөлүк, алтымыштардагы эркек турист турган, көзүн ачуулуу алайтып.

– Дай сюда быстрее! – деди туристтин ачуусу келип, Алымканды демитип, колун тарбаңдата сунуп.

– На... на... бери... Извини дорогой, – деди Алымкан эсине келе калып, парикти туристке шарт сунуп.

Турист тигини жаман көзү менен бир карап, паригин жулуп алды да, башына оң– Тетири кылып кийип алып, эшекке камчы басты да, кыдыңдатып тигилердин узай баштады.

– Сенин эси– Дартыңдын баары эле Соня болуп калган турбайбы! Мени тааныбаган бирөөгө уят кылдың, – деди, болгон окуядан дагы эле эсине келе албай аткан Алымкан, демин араң басып, нааразы боло Айнагүлгө карап.

– Соня да ушинтип эшек минип алып жүрөт. Ошол деп ойлопмун, – деди Айнагүл актана.

– Эшек мингендин баары эле Соня боло береби? – деди Алымкан нааразы боло.

Эшекчен турист алыстап кетти.

Анан эшекченди узата карап турган Алымкан капысынан борсулдап күлүп ийди. Айнагүл кошо күлдү.

– Чоң эже, – деди Айнагүл, Алымкан күлкүсүн тыйгандан кийин, астыртан, – Баятан бери эле улам– улам “трактир” дейсиз, аныңыз эмне?

– Анымбы? Аным, чочуганда, жанагы кудай урган уят сөздү айтып ийбейин деп, жаттап алгандагым, – деди Алымкан күлүп.

Айнагүл бышкырып ийди, муну укканда.

– Болду эми, айда машинеңди, эртерээк жетели, – деди Алымкан, келинине.

Джип ордунан козголуп, бир аздан соң алыстап кеткен эшекчен туристти кууп өтүп кетти. Турист тигилерди жаман көзү менен акшыя карады. Алымкан жылмайып күлүп койду.

***

Ошол эле күнү. Күүгүм. Бектур чалдын үйү. Салиман кечки тамакты даярдап атакан. Сырттан Бектур энтеңдеп кирип келди.

– Бол, байбиче, телевизорду кое сал! – деди Салиманды шаштырып.

– Эмне болду, жоо кууп келаткансып энтеңдеп? – деди Салиман телевизордун пультун колуна алып иштетти.

– Уулуң сүйлөп атат, баятан бери, Алымкандыкынан көрүп келдим, – деди шашкалактаган Бектур телевизордун маңдайына барып.

Телевизордо Касымбек кабарчыга интервью берип аткан.

Кабарчы. Касымбек Бектурович, сиз баятан бери далилдеп атасыз, кыргыз кыздары сойку болуп бузулуп кетпес үчүн, токол болгонго уруксаат бериш керек деп. Мисалы, сиздин жубайыңыз ушул маселеге кандай карайт? Макул болот беле, эгер сизге бирөө токолдукка тием десе?

Касымбек. Сиз мени туура түшүнүңүз, карындаш, маселе менде эмес. Мен жалпы жонунан ушундай проблема бар экенин айтып жатамын. Кеп кыздардын бузулуп кеткенинде да эмес, далай балдар никесиз төрөлүп атышат, толгон келин– Кыздар бирөөлөрдүн никесиз аялдары болуп жүрүшөт. Же жалганбы? Ансыз да иш жүзүндө болуп жаткан нерсени, мен бар болгону мыйзамдаштырып коелу, деп жатамын. Анын эмненси жаман?

– Туп– Туура айтасың, балам! – деди Бектур уулун кызуу кубаттап.

– Эмнеси туура?! – деди Салиман жактырбай. – Токол алам десинчи, эртең келинбиз бетин тытып туруп, колуна карматып койсун, уулуңдун!

– Ай, байбиче, жөн укчу, уулуң деген мамлекеттик маселени айтып атат, – деди Бектур аялын жактырбай.

– Токол алган да мамлекеттик маселе болуп кетиптирби?! – деди Салиман күйөөсүнө итиркейи келип.

– Кой, кой, биякты угалы, экөөбүз анан деле акыйнек айтышып алабыз, – деп Бектур телевизорго тигилди.

Кабарчы. Ушул сиз козгоп аткан маселе аялзатынын, айрыкча закондуу аялдардын укугун бузган менен барабар эмеспи?

Касымбек. Сиз Батыштын сөзүн сүйлөп жатасыз, карындашым! Батыштын асылдыктар жөнүндөгү түшүнүктөрү, биз сыяктуу Чыгыш элине дайыма эле туура келе бербейт. Батыш менен Чыгыш эзелтен бери эле ыркы келишпей, кагылышып турат.

Кабарчы. Бул Батыштын же Чыгыштын түшүнүктөрүнүн кагылышуусу эмес, асылыдыктар, адам укуктары жөнүндөгү жалпы адамзаттык түшүнүк деп ойлобойсузбу?

Касымбек. Адам укугу деп баарын ошого такай бере турган болсок, өзүбүздүн салт– Санаа, динибиз эмне болот?

– Ошону айтсаң! – деди Бектур чыдай албай кубаттап.

– Ай, өзүң токол алып аткан немече кудуңдайсың да, тим эле? – деди Салиман абышкасын жактырбай.

Бектур уурусун карматкан немече кыбыңдай күлүп, кемпирин жалтактай карады.

Касымбек. Жакында ушул мыйзамды парламенттин тийиштүү комитетине кароого сунуш этемин.

– Ошент балам, ошент, – деди Бектур, кемпирине угузбай кубаттап.

– Сен эмне деп эле күбүрөнүп атасың? – деди Салиман абышкасын жаман көзү менен карап.

– Жөн эле... тиги... и– и-и... мурдум кычышып атат, – деди Бектур ого бетер көзүн кыбыңдата.

– Мурдуң кычышса чүчкүрбөйсүңбү, – Салиман ишеңкиребей абышкасын карап койду.

Интервью уланды.

***

Түн. Ресторан. Элүүдөн өтүп калган Бейшенбек менен жыйырманын кырына жаңы келген Каухар олтурушту тамактанышып. Бейшенбек эмнегедир анда– Санда эки жагын элеңдеп карап коюп атты. Аны кыз да байкады.

– Аялыңа айттыңбы, токол алам деп? – деди Каухар тамак ичип атып, мыйыгынан.

– Айта элекмин, – деди Бейшенбек кайпактап.

– Эмне үчүн? – деди Каухар.

– Эми айтам да, – деди Бейшенбек жооткотуп.

– Коркуп атасыңбы? – деди Каухар мыскылдай карап.

– Эмнеге коркмок элем? – Бейшенбек ардана түштү.

– Не знаю, күнүнгө эле эртең айтам дейсиң – айтпайсың. Каждый день “завтраком” кормишь, – деди кыз ирония менен.

– Бүгүн айтам, баргандан кийин, – деди Бейшенбек чечкиндүү.

– Көрөбүз, – деди кыз мыйыгынан.

Экөө бир азга унчугушпай тамактанганын улантып калышты.

Ошол маалда ресторанга телевидениенин тобу кирип келди. Репертёр Султанбек кирип келип эле эки жагын карады да, дароо эле операторго Бейшенбек менен Каухарды көрсөттү:

– Тигине, идеальный момент! Тарт! Бол!

Оператор аял– буялга келбе эле тартып кирди, тигилерди.

– Эй, жигит, тартпа! – деди Бейшенбек ачуусу келе, колу менен бетин калкалап, ордунан тура калды.

– Байке, тартып алалычы! – деди Султанбек Бейшенбектин жанына келе калып, үзүлүп түшө суранып.

– Эмне бизди тартып атасыңар?! – деди Бейшенбектин ого бетер жини келип. – Башкаларды тарткыла! Кереги жок, бизге! Тартпагыла! Тартпагыла!

– Байке, просто, биздин темага силер аябай туура келип атасыңар да. Канча ресторанга, кафеге кирдик, ушинтип атасы менен кызы чогуу тамактанып олтурганын таптакыр жолуктура албай койдук. Аялы менен күйөөсү, балдары менен аталары олтурушат экен. Бирок... Бактыбызга силер туш келип калдыңар, – деди Султанбек шапылдап. – Байке, кичине эле тартып алалы. Сизден өтүнүч.

“Атасы менен кызы” деген сөздү укканда Бейшенбектин куйкасы курушуп, чекеси ого бетер тырыша түштү. Тамак чайнап аткан Каухар бир чети аны көрүп, бир чети репертёрдун сөзүнө күлкүсү келип, каткырып ийди да, капысынан кыйкылдап какап калды. Бети– Башы көгөрүп, көзүн жалдыратып, тигилерди тиктеди.

– Бей... Бей... – деди кыз, үлдүрөп, Бейшенбек тарапка бир колун сунуп, экинчи колунун сөөмөйү менен кекиртегин көрсөтүп.

Бир паста Бейшенбек коркконунан алдастай түштү, эмне кылышты билбей.

– Байке, “бей” деп атпайбы! Чаппайсызбы далортосуна, – деди Султанбек шыкактап.

Кыз көзүн жалдыратып, башын чайкап ийди.

– Бейбейсизби, эмне карап турасыз?! – деди репертёр Бейшенбекти ого бетер демитип.

— “Бей” деген жок, менин атымды айта албай атат, Бей... деп! – деди Бейшенбек Султанбекке жини келип, тиштене.

– Сиздин атыңыз Бейби? – деди Султанбек ийинин куушуруп. – Мындай атты биринчи угушум, кыргызда.

— “Бей” эмес, Бейшен!.. – деди тиги ачуулуу бурк этип.

– А– А... Кызык, эмне кызыңыз атыңыздан айтабы? – деди Султанбек таң калып, тиги экөөнө алмак– Салмак карап. – Эрке окшойт, ээ?

– Кызым эмес!.. – деди Бейшенбек тиштене тигинин кулагына шыбырап. – Кетип калчы!

Кыз ого бетер көзүн жалдыратып жаман болуп баратты, дем жетпей.

– Бей!.. Бей!.. – деди Каухар колун тырмалаңдатып, Бейшенбекти көздөй сунуп, жанталашып.

– А– А!.. – деди Султанбек өзүн чекеге тарс коюп. – Любовницаңыз турбайбы! Кечирип коюңуз!

– Эй, жигит, жаагыңды басасыңбы же жокпу?! – деди Бейшенбек тигиге ызырына, эки жагын карап. – Кетип кал деп атам, мен сага, бирөөнү териштирбей!

– Ладно, ладно “Бей” байке. Ашепке кетсем кечирип коюңуз. Значит, любовницаңыз болбосо анда... жаш токолуңуз экен да. Түшүндүк. Сиз дагы куркульдардан окшойсуз, ээ, анда? Барктабас, бас. Бүгүн такыр жолубуз болбой койду, – деп бурк этти да, Султанбек операторун ээрчитип жолуна түштү.

– Бей!.. Бей!.. – деди бети каракөк тарта түшкөн Каухар, тигилерге кыжыры келе узата карап турган Бейшенбекти жанталаша тырмалап.

Бейшенбек эсине келе калып эле, аял– Буялга келбей кызды далортосуна ургулап ийди. Кыз какап– Чакап, алакандары менен оозун жаба салып, араңдан зорго эсине келди.

– Болдубу?! – деди Бейшенбек, Каухарга үрпөйө карап.

– Ө– Өх!.. – деди кыз, өзөөрө түшкөн немече үлдүрөп, көзүнүн хашын аарчып. – Шилимди оорутуп таштадың, – нааразы боло Бейшенбекке карады, моюн– Башын куушуруп.

– Сен өзүң, “Бей, Бей” деп жанталашпадыңбы?! – деди Бейшенбектин кызга жини келип.

-“Бей” десе эле, тарсылдатып койгулап киресиңби, анан, дөңгөчтү койгулагансып, я же человек! – деди кыз тигиге ого бетер нааразы боло, далысын дагы куушуруп– Куушуруп алды.

– Тарсылдатып койгулабасам, өлүп калмаксың, азыр! Ырахмат айткандын оордуна, кайра... – деди Бейшенбек да нааразы боло, сөзүнүн аягына чыкпай, кызды жактырбай, жаман көзү менен тиктеп.

– Бүгүн эле ушинтип атат деп атасыңбы? Мен дайым эле ушинтем, кокус тамак жеп атып күлүп ийсем. Это привычно для меня, – деди Каухар, колундагы тамакка жүрөксүнө карады, жесемби же жебесемби дегенчелик кылып.

– Эмне күлөсүң, анан, ушундайыңды билсең, “когда я ем – глух и нем” дейт, – деди Бейшенбек кызга дагы эле нааразы боло тигилип.

– Күлөм да, “папасы менен кызы” деп атса, элестет, – деди Каухар кайра бышкырып.

Бейшенбек кызды үрпөйүп карап калды.

– Коркпо, оозумда тамак жок, – деди Каухар оозун ачып, тилин сунуп. – Мына.

– Көрдүм, – деди Бейшенбек жактырбай, эки жагын карап, бирөөлөр көрүп атабы дегенчелик кылып. Тегеректегилердин эч ким менен иши жок эле.

– Знаешь, что, мамам дайыма мени “кыл тамаксың, абайла деп айтсам деле, дайыма эле ушу, сеники” дей берет, мен какаган сайын. А мен аны “шыр тамак кылып төрөп койбойт белеңиз, анан” деп тамашалайм, – деди Каухар дагы күлүп.

– Мамаңды ук! – деди, Бейшенбек бурк этип, тигинин орунсуз күлкүсүн жактырбай.

– Значит, экөөбүз вечно “папасы менен кызы” болот экенбиз да? Мне даже нравится, – деди Каухар Бейшенбекке ойноктой карап, дагы күлүп. – Папо– О– О!..

– Болду! – деди Бейшенбек тиштене сүйлөп, сиркеси суу көтөрбөй.

– Арданып атасыңбы? – деди кыз ого бетер күлүп. – Мен да карыйм, ошондо сен мени “мама” дейсиң, – Каухардын күлкүсү ого бетер келди.

– Туруп кетем, азыр! – деди Бейшенбектин жини келип, колундагы салфетканы столдун үстүнө ыргытты.

– Болду эми, тамашаны да түшүнбөйсүңбү? Нервиң жукарып бараткан окшойт, жашың өткөн сайын, – деди Каухар, күлкүсүн тыйып, суз тарта, тигиге.

– Тамашанын да ыгы болот, – деди Бейшенбек кабагын бүркөп.

– Хорошо, тамаша бүттү, анда. Тамак жейли, – деди вилкасы менен этти сайып алып, оозуна жакындатып.

Бейшенбек жүрөксүнө тигини карап калды:

– Ай– Ай... – деди, ал вилканын башындагы этти карап, башын чайкап.

– Эмне карайсың? Коркуп атасыңбы? – деди оозуна тамакты жакындатып бараткан кыз жүрөксүй, тигиге астыртан кылыя тигиле.

– Чеберде, дагы чачап кетпе, – деди Бейшенбек. – Эти чоң экен. Сен жалкпаган неме окшойсуң.

Жүрөксүнгөн кыз жесемби– Жебесемби дегенчелик кылып, ыргылжың боло этти тиктеп туруп калды. Анан:

– Ладно, жебей эле коеюнчу, – деди Каухар да жүрөксүнгөн калыбында этке карап. Кайра табакка салып таштады да, ичи ачыша карап турду, биртопко.

***

Ошол эле түнү. Бир аз убактан кийин. Мадина менен Муратбектин үйү. Эрди– Катын китеп ирээттеп атышкан.

– Аябай редкий китептер, – деди Муратбек, колундагы китепти Мадинага көрсөтүп, кубана, – Кымбат эле сатам го.

– Кымбат сат, – деди Мадина, – Ушунча аракет кылып тапкан китебиңди арзан сатмак белең, анан.

– Кызың тиги байга тийип калса эмне болот? – деди Муратбек, кымыңдай күлүп.

– Эмне болот экен? – деди Мадина түшүнбөй.

– Дагы эле китеп сатамбы дейм да? – деди Муратбек.

– Ну, это посмотрим, адегенде тийсинчи, – деди Мадина.

Ошол убакта сырттан Каухар кирип келди.

– Пап, мам, добрый вечер, – деди Каухар жайдары, сумкасын дивандын үстүнө ыргытып.

– Кандай өттү, кечиң? – деди Мадина.

– Мама, аз жерден өлүп кала жаздадым, – деп Каухар, даттана кетти.

– Эмне болуп?! – Мадина ченебей чочуду.

– Какадым! – деди Каухар.

– Дагыбы? Чебердебейсиңби, – деди Муртбек кызын жаман көзү менен карап.

– Ошондой тамаксоосуң, анан! – деди Мадинанын жини келип. – Мен дайым айтам сага, тамак жеп атканда шашпа, жакшылап чайна деп. А сен оозуңа салган тамакты чала– Була чайнап эле, кулк эткизе жутканга шашасың!

– Больше ну буду так делать, – деди Каухар.

– Ой, койчу, айланайын, ушул сөзүңдү канча уктук, сенин, – деди кол шилтеп Мадина.

– Чын, мама, кудай урсун, – деди Каухар карганып. – Көрөсүз го.

– Аны коюп айтчы, ну как, он женится на тебя? – деди Мадина.

– Женится, женится, – деди Каухар чечкейи чеч болуп.

– Калың берет бекен? – деди Муратбек, кызыга.

– Берет да, папа, – деди Каухар, атасынын орунсуз суроосуна башын чайкап.

– Толтура китеп сатып алайын, – деди Муратбек алаканын ушалап.

– Аны эмне кыласыз? – деди Каухар, таң калып.

– Эмне кылмак элем, кызым, кайра сатам да, – деди Муратбек.

– Ну, папа... – деди Каухар, жактырбай башын чайкап.

– Э– Эк!.. – деди Мадина күйөөсүн жаман көзү менен карап. – Эси– Дартыңдын баары эле алмай– Сатмай. Ай, сен деген миллионердин кайнатасы болосуң. Май көл, чык көлгө бөлөнөсүң.

– Да?.. – деди Муратбек анча ишеңкиребей.

– Да!.. – деди Мадина күйөөсүн эликтей.

***

Эртеси. Бейшенбек менен Бурулай шаардын четиндеги талаада турушту. Обочодо экөөнүн машинелери.

– Эмне келдик, биякка? – деди Бурулай.

– Сөзүм бар, сага айта турган, – деди Бейшенбек.

– Үйдөн деле айтпайсыңбы, – деди Бурулай жактырбай.

– Үйдөн айтсам истерика чыгарасың да, балдардын көзүнчө, – деди Бейшенбек, айтчу сөзүн камдап.

– А– А, талаадан айтсам, истерика чыгарса, көп болсо талаалап качаар, эч ким көрбөйт, эч ким укпайт деп, алып келген турбайсыңбы, ээ, анда? – деди Бурулай, ого бетер суз тарта. – Айт.

– Айтсам... – деди Бейшенбек кыйылып.

Бурулай тигини сынай тиктеди. Бейшенбек сөзүн айта албай, чекеси нымшып кетти.

– Батынып айта албай атам, – деди Бейшенбек күнөөлүдөй.

– Түшүдүм, эмне айтаарыңды, – деди Бурулайдын маанайы түшө. – Ажырашасыңбы, мени менен?

– Жок!.. Жок!.. – деди Бейшенбек чок баскандай секирип.

Бурулай таң кала түштү. Күйөөсүнө ишеңкиребей карады. Күйөөсү да аны бакырайып карап турган.

– Анда эмне?.. – деди, аялы күйөөсүнүн оюуна түшүнбөй.

Бейшенбек дагы ымтырап калды.

– Айтчы, тим эле жер астын– Үстүн болуп кетсе дагы, – деди Бурулайдын чыдамы кетип. – Эгерде айтпасаң, анда кеттим, – Машинесин көздөй басмакчы болду аялы.

Бейшенбек, акыры чымырканып туруп:

– Токол алам... – деди, аялына астыртан.

– Эмне-е-е?!. – уккан кулагына ишене албай Бурулайдын көзү чакчая түштү.

– Ошо... – деди Бейшенбек, аялына жүрөксүй карап.

– Ай, Бейшенбек, ойнуңбу же чыныңбы?! – Бурулай уккан кулагына ишене албай турду, дендароо болуп.

– Чыным! – деди Бейшенбек шерденип.

– Ушуну кантип айтып атасың?! – деди Бурулай, үзүл– Кесил сүйлөп, ээриндери титиреп.

– Анан эмне кыл дейсиң? Айтыш керек да, баары бир. Айтпай эле ала берсем... Ошол кантип болсун, экөөбүз ушунча жыл чогуу жашасак, – деди Бейшенбек.

Бурулай Бейшенбекти карап нес болуп турду да, анан жерге олтура калып, өңгүрөп ыйлап ийди:

– Өлгөн турбайымбы-ы!.. Өлгөн турбайымбы-ы!..

Бейшенбек аялын карап, эмне кылышты билбей туруп калды.

– Басылчы, эми, – деди Бейшенбек, бир аздан соң аялын кучактап, сооротууга аркеттенип.

– Мындан көрө мени менен ажыраш! – деди Бурулай, күйөөсүнүн колун силкип, жаштуу көзү менен Бейшенбекке карап.

– Ажырашпайм! – деди Бейшенбек чечкиндүү.

– Анда... токол алганга мен сага уруксаат бербейм! – деди Бурулай ыйын тыйбай, айласы кетип.

– Сенин уруксаатыңсыз эле алам, – деди, биротоло ачыкка чыгып, шерденип калган Бейшенбек, тартынбай.

– Анда... мен сени менен ажырашам! – деди Бурулай, чечкиндүү, жаштуу көзү менен Бейшенбекке тигиле.

– Ажырашпайсың! – деди Бейшенбек да чечкиндүү.

– Ажырашам! – деди Бурулай көгөрүп.

– Ажырашып эле көр! – деди Бейшенбек опузалай.

– Эмне кыласың?! – деди Бурулай, өчөшүп.

– Баарынан кол жууп, көчөдө каласың, байкуш! – деди күйөөсү.

– Байлыгыңды бөлүшөм! Бир тыйынына чейин! – деди Бурулай, оюунан кайра тартпай, көгөрүп.

– Эч нерсе бөлүшө албайсың. Сокур тыйын да ала албайсың – баары башкаларга каттатканбыз, – деди Бейшенбек кенебей. – Унутуп калдыңбы?

– Атайын каттатып, алдын– Ала даярданып, мени алдаган турбайсыңбы, ээ?! – деди Бурулай озондоп.

– Сен өзүң макул болгонсуң, – деди Бейшенбек моюн бербей.

– Алдаптырсың да! Алдаптырсың! – деди Бурулай, ого бетер озондоп.

– Болду эми, озондобой, – деди Бейшенбек чоң сүйлөп.

– Эгер башынан билсем, ушинтээриңди!.. – деди Бурулай, озондогонун баспай. – Болуптур, мен кеттим! – ордунан туруп машинесин көздөй басты.

– Кайда? – деди Бейшенбек, элеңдей.

– Коркпо, өлбөйм! – деди Бурулай солуктап, күйөөсүн жек көрө карап.

Анан машинесине жетти да, от алдырып айдап кетти.

Бейшенбек аялынынан артынан канааттануу менен карап туруп, анан машинесин көздөй басты.

***

Ошол эле күнү кечинде. Бейшенбектин офиси. Бейшенбек иш алып баруучу кызга тапшырма берип олтурган. Күйгүлтүк тарткан Бурулай кирип келди, көзүн жашылдантып. Кеп– Сөзгө келбей эле дароо төргө өттү да, креслого олтуруп, Бейшенбек менен кызды алмак– Салмак жаман көзү менен тикирейип карап калды. Өзүн ыңгайсыз сезген иш алып баруучу кыз эмне кылайын дегенчелик кылып Бейшенбекти карады. Бурулайдын келгенине кабагы түйүлө түшкөн Бейшенбек:

– Анан улантабыз, – деди.

Иш алып баруучу кыз ордунан туруп кабинеттен чыга жөнөдү. Бурулай кызды жаман көзү менен узата карап турду.

– Муну да токол кылып алайын деп атасыңбы? – деди Бурулай кекээрлей, кыз кабинеттен чыгып кетээр замат.

– Эмне келдиң? – деди, Бейшенбек кабагын бүркөп, Бурулайдын суроосун жоопсуз калтырып.

Бурулай биртопко чейин күйөөсүн сынай карап олтурду.

– Жанымды коерго жер таппай атам! – деди акыры Бурулай ыйламсырап, ордунан туруп келип, стулга көчүк басып. – Сен чын эле айтып атасыңбы, токол алам деп?! Мен жанатан бери ойлонуп, ишене албай атам! – Бейшенбекке үмүттүү карады, жаштуу көзү менен.

Адегенде Бейшенбек жооп бербей бир азга буйдала түштү.

– Тамашалап койдуң беле? – деди Бурулай үмүттүү, көзүнүн жашын аарчып.

– Чын, – деди итиркейи келип олтурган Бейшенбек кабагын түйө.

– Ушул сөздү кантип айтып атасың?! – деди Бурулайдын жаны ого бетер күйүп, буркурап ийди. – Ушунча жыл жашасак! Бармактайыбыздан баш кошсок! Мени кыясыңбы?! Бейшенбек?!

Бейшенбек адегенде унчуккан жок. Бурулайды тиктеп, алда– Нени ойлонуп калды. Мындай тыным бир саамга созулду.

– Бурулай... – деди Бейшенбек, сөз баштамакчы болуп, бир нерсени түшүндүрмөккө.

– Жок, аласыңбы?! – деди Бурулай ыйламсыраган бойдон, тигинин сөзүн жулуп алып, демите.

Бейшенбек ээрдин тиштеп аялын тиктеп калды, эмне десем дегенчелик кылып.

– Бурулай, илгертен бери эле кыргыздар ушинтип токол алчу. Токолдорунун ар бирине бирден үй тигип берчү. Баары ынытымактуу жашашчу. Ак Мөөр да Жантай– Хандын токолу болгон. Тигине, арабдар ушул кезге чейин бир байбиче үч токолу менен жашашат. Шарият одновременно төрт аял менен жашаганга уруксаат берет экен. Менин көп эле тааныштарым бирден эмес, керек болсо экиден– үчтөн токол алып атышат, – деди Бейшенбек астыртан сөз баштап, жай түшүндүрүүгө аракеттенип.

– А– А, ошол тааныштарың менен соревнованиеге чыгып аткан турбайсыңбы, ээ?! – деди Бурулай кекээрлей.

– Аларсыз эле... өзүм эле алгым келип атат, – деди Бейшенбек бир аз тырчый.

– Эки аял менен жашайм дечи?! – деди Бурулай муну укканда ого бетер жаны күйүп.

– Ооба! – деди Бейшенбек так кесе.

– Анда мен эки күйөө менен жашасам болобу?! – деди Бурулай, капысынан тигиге кекээрлей карап.

– Ал эмне дегениң? – деди Бейшенбек аялынын сөзүн жактырбай.

– Ал ошонум – сен токол аял алсаң... мен токол күйөөгө тием! Эмнеси бар экен? – деди Бурулай ыйын тыйып, тапкан акылына маашырлана, жаштуу көзү менен күйөөсүнө тигиле.

– Ошондой да болчу беле? – деди Бейшенбектин капысынан жини келе.

– Эмне үчүн болбойт? Сен токол аял алсаң, мен токол күйөөгө тие албаймбы? Сен токолуң менен жатканда мен токол күйөөм менен жатып турайын. Мен сени менен жатканда менин токол күйөөм өзүнүн байбиче аялы менен жатып турсун. А сенин токолуң да токол күйөө таап алып ошонусу менен жатсын! – деди Бурулай, эми эмне дээр экенсиң дегенчелик кылып күйөөсүнө мыскылдай карап.

– Тантырабачы! – Бейшенбектин жини ого бетер келип кетти.

– И-и... Катуу тийдиби?! – деди мөөрөйү үстөм болгон Бурулай, ого бетер шерденип. – Ошондой болот. Мага да ошондой тийип атат, түшүнсөң!

Бейшенбек жини келген калыбында аялын акшыя тиктеп калды.

***

Айыл. Кечке жуук. Кара эшегине ун артып, өзү үстүнө минип, Салиманга жетелетип алган Бектур жолдо келатты.

– Дайым эшекти сен минесиң, мени да мингизсең боло, чарчадым, – деди Салиман белин түзөп, абышкасына нааразы боло.

– Мен эле минем, сен менден жашсың, – деди Бектур моюн бербей. – Жетеле.

– Ушундайың жаман сенин, – деди кемпири нааразы боло, күйөөсүн жаман көзү менен карады да, эшектин чылбырын чойду.

***

Ошондон бир аз өткөн Бектур менен байбичеси Салиман дагы эле жолдо келатышкан, чукчуңдашып урушуп

– И-и– и-и... Эми түшүнбөдүмбү. Эмне эле Касымбектин телевизордун сүйлөгөнүн жантыгынан жата калып угуп, жан– Алы калбай жактырып атат десе. Оңбогон гана чал. Ай, шымыңды тыңдап тарта албай калганда, уят эмеспи, токол алам деп оолукканың! – деди Салиман, тигини жекире карап.

– Эми... байбиче... биз деле алалы да, байлар, бизнесмен менен саясатчылардан эмнебиз кем? – деди Бектур ыкшыңдай күлүп, кыйыктана түшкөн эшегин теминип.

– Ой, күлбөй кара жерге кир, сен! – деди Салиман тигини акшыя карап, эшекти аркасынан түртүп. – Байлар, бизнесмендер, саясатчылар деп коет. Ошолорго теңелесиңби? Карыганда балдарга бере турган таалим– тарбияң ушулбу, сенин?

– Илгери ата– Бабабыз деле жетимиш– Сексенге келгенде токол алчу экен. Жанагы Жетимиш, Сексенбай деген балдар ошояктан чыккан да. Уулуң туп– Туура айтат, – деди Бектур дагы эле ыкшыңдай күлүп, моюн толгой, эшекти үстөккө– Босток теминип.

– Тапкан акылын кара! – деди Салимандын жини келип, эшекти түртө демиге. – Ай, улуң экөөң кайсы кылымда жашап атасыңар, ыя?! Тегерегиңерди карасаңар боло, кичине!

– Тегерегимди карап эле атам, байбиче. Тигине, Шейшенбек деле токол алган атат, – деди Бектур ого бетер ыкшыңдап күлө.

– Ай, анын колунда бар. Бай. Фермер. Ошого теңелип атасыңбы? Ал бир эмес үч токол алса да бага алат. А сенин эмең бар, байкуш, мобул жалгыз кара эшегиңден башка? Же Касымбек берет деп, ишенип жүрөсүңбү? – деди Салимандын жини келип, кыйыктанып аткан эшекти күчүнүн болушунча алаканы менен сооруга чапкылап. Эшектин былк эте турган түрү жок эле.

– Касымбегим да жардам берет. Кудай буюрса токолум да иштейт. Ушул кара эшегиме экөөлөп ун, көмүр, картөшкө, капуста, помидор, бадыраң жүктөп турасыңар, – деди Бектур борсулдап күлүп, кара эшегинин жалынан, моюунунан сылагылап.

– Тапкан экенсиң, май башты, – деди Салиман чалына жини келип. – Бир эмес эки малай жумшагың бар экен, ээ? – кыжырдана эшекти соорудан ары дагы чапкылады.

– Ал сага чай кайнатып берип турат. Бутуңа бут, колуңа кол болот. Жаш, – деди Бектур ансайын ыкшыңдай күлүп. – Жыргайсың, карыганда.

Салиман чалын карап, башын чайкап таң калып турду, бир паска.

– Болуптур, – деди Салиман чалын сынай тиктеп, – Токолуңдун калыңына эмне бересиң? Мобул жалгыз кара эшегиңди бересиңби?

– Калыңсыз эле алам, – деди Бектур кытмыр күлө.

– Ай, ал ким экен сага калыңсыз тие турган? – деди Салиман эликтеп.

– Бар ошондой бирөө, – деди Бектур кытмыр күлгөнүнөн жаспай.

– Айтпайсыңбы, эми, – деди Салиман кызыгып.

– Сен күлбөйсүңбү? – деди Бектур аялына карап.

– Жинди го мобул. Эмне, ала турган аялыңдын мурду бучукпу? Же чалагайым немеби? – деди Салиман эликтеп.

– Бучук– сучук эмес эле, сопсонун эле. Акыл– Эси да ордунда, – деди Бектур таарынчы кыла.

– Айтпайсыңбы, анда, – деди Салимандын чыдамы кетип.

Бектур көзүн жүлжүйтө айтсамбы– Айтпасамбы деп, кемпирине карап турду да, анан:

– Маша, – деди. Айтаарын айтып алып, Бектур, эмне дээр экен дегенчелик кылып аялына астыртан карап калды, жүрөксүнө.

– Кайсы Маша?! Колянын кызыбы?! Жанагы шаарда соода кылып жүргөнүбү?! – деп ченебей чочуп кетти Салиман.

– И-и... – деди Бектур башын ийкеп.

– Ай, ал орус да? Кантип сага тийген атат? Анын үстүнө жапжаш болсо?! – деди Салиман чалына ишенбей.

– Тиет да, мына, – деди Бектур койнунан фото алып чыгып, Салиманга сунуп.

Салиман фотону колуна алды. Сүрөт Машаныкы болчу.

– Артын оку, – деди Бектур кытмыр күлүп, ээгин өкчөп.

Салиман фотонун артын окуду:

“Любимому Бектуру от любмой Маши. Вечно буду твоей!” — жазылып турган.

– Апе– Ей, энеке– ем... – деди Салимандын келмеси оозунан түшө. – Ушундай да болот экен, ээ? Ай, ал сенин эмнеңди жактырып калыптыр? – таң кала күйөөсүн карады, биринчи жолу көрүп аткансып.

– Жактырчулар да бар экен да, сен жактырбасаң да, – деди Бектур сырдуу, ыкшыңдай күлүп.

– Эми өлбөдүмбү!.. – деди Салиман эмне дээрин билбей. – Ай, ушул чынбы? – ишенээр– Ишенбесин билбей турду, ал.

– Ишенбесең, барып өзүң сүйлөшчү, – деди Бектур кемпиринин колундагы фотографияны кайра алып, койнуна катты.

– Барам, сүйлөшөм! Азыр эле барам! – деди Салиман чечкиндүү.

– Бар, бар, – деди Бектур ыкшыңдап күлө кемпирин карап, эшегин үстөккө– Босток теминип.

Салиман Бектур менен эшекти таштады да лакылдап жолго түштү.

– Ай, Салиман, сен каякка? – деди Бектур.

– Машага кеттим, – деди Салиман аркасына кылчайып.

– Эшекти ким жетелейт? – деди Бектур.

– Эшек өзү басат, төрт буту бар! – деди Салимандын жини келип. Анан ошол бойдон жолуна түштү.

– И-и, төрт буту бар. Жетелебесең кой, өзүбүз эле үйгө жетип алабыз, – деп Бектур маашырлана кемпирин узата карап турду, эшегинин жалын сылап.

***

Ошондон бир аз убакыт өткөн. Чолпон– Ата шаарчасынын биринин буюм– Тайым, кийим– Кечек саткан жайма базары. Жыйырмага чыга элек таптатынакай орус кыз Маша кийим– Кечек сатып аткан. Кулагына наушник салып алып, музыка угуп олтурган кыз маңдайна Салиман келгенин да байкабай калды.

– Ай, Маша, – деди Салиман кызга сынай тигиле, – Здравствуй!

– Здравствуйте, эже, – деди Маша Салиманды көрө сала ылыпылдап, ордунан тура калды да, кулагындагы наушнигинин бир жагын ылдый түшүрүп койду.

Салиман кызды мурчуя карап турду, далайга.

Маша Салимандын кунт кое тигилгенинен өзүн ыңгайсыз сезе түштү.

– Эмне аласыз? – деди Маша, ыңгайсыз абалды бузууга аркеттенип.

– И-и, кыргызчаны үйрөнгөн экенсиң, – деди Салиман кызды сынай карап.

– Уйрондум эже, уйрондум, – деди Маша күлүп.

– Атайы үйрөндүңбү? – деди Салиман кызды такый.

– Да, атайын уйрондум, – деди Маша дагы эле күлүп, эч нерседен шек санабай

– Кыйынсыңар, азыркы жаштар, – деди Салиман башын чайкап, кызды сынай тиктеп.

– Эмне болду эже? – деди Маша эч нерсе түшүнбөй.

– Мени таанып атасыңбы? – деди Салиман, кызды сынай.

– Анча эмес, бирок онунуз тааныш, – деди Маша.

– Онунуз тааныш, – деди Салиман тигини жини келе туурап. – А Бектурду тааныйсыңбы? – сынай тиктеди.

– Тааныйым, – деп Маша кызарып кетти да, Салиманды элейе карап калды.

Салимандын көзү алая түштү муну укканда, кыздын сөзүнө ишенээр– Ишенбесин билбей турду.

– И-и, Бектурду тааныйт экенсиң. Ал сага жолугуп турабы? – деди Салиман, бир аздан кийин, кызды дагы эле сынай карап.

– Ооба, биякка келчу, – деди Маша.

– Көп жолу келдиби? – деди Салиман, дагы такып.

– Ну... коп эле жолу... – деди Маша.

– Үйлөнөсүңөрбү? – деди Салиман, кызды дага эле сынай тиктеп.

– Если, ал кааласа, – деди Маша, дагы кызарып.

– Каалайт, каалаганда да кандай каалайт! – деди Салиман жини келип. – Ушундай жапжаш кыз экенсиң, таппайсыңбы өзүңдүн теңиңди, Бектурга көз артпай.

– Бектур деле менин теним, – деди Маша күлүмсүрөй.

– Ай, кантип сага тең болот ошол?! – деди Салимандын жаны күйүп.

– Прекарсный эле теним. Он такой красивый! – деди Маша күлүмсүрөгөнүнөн жаспай.

– Апе– Е– Ей, ай!.. – Салимандын оозу ачылып калды. – Эми өлбөдүмбү!

– Эже, эмне болду? – деди Маша тигинин сөзүнө түшүнбөй. – Бир жериниз ооруп атабы?

– Ооруп атат! – деди Салимандын жини келип. – Жүрөгүм! – көкүрөгүн көрсөттү.

– Ой, эже!.. – деп Маша чочуп кетти да, карбаластап калды. – Дарыныз жокпу?! Дары берейинби?! – шашып– Бушуп, нарыраакта турган аптечкасын аңтара баштады да, бир заматта таблетка таап келе калды.

– Валидол, тилиниздин астына салыныз, – деди Салиманга сунуп.

– Сага айтты беле, аялын? – деди Салиман кыздын колунан дарыны колуна алып.

– Айткан, кетип калды деген, – деди Маша, Салиманга жүрөксүнө караганын улантып.

– Ой, акма– Ак!.. – деди Салимандын жаны кашайып. – Карачы, айтканын!..

– А что, не правда? – деди Маша таң калып.

– Ай, анын аялы кетпей– Этпей эле жүрөт! – деди Салимандын жини ого бетер келип.

– Как?!. – деди Маша таң калып.

– Ал сени токол кылып алам деген турбайбы, аялынын үстүнө?! – деди Салиман. – А сен ошого макул болуп атыпсың.

– Токол?! – деди Маша ого бетер таң калып. – Мен антип айткан эмесмин. Мен анын аялы жок, бойдок го деп ойлогом, – кыздын кабагы бүркөлө түштү.

– Жок бекен?! Бойдок бекен?! А бул ким, ыя?! – деди Салиман колу менен көкүрөгүн жагжайтып, кызды карап.

– А сиз кимсиз? – деди Маша түшүнө албай.

– Аялымын!.. – деди Салимандын жини келип.

– Эже-е?!. Сизби?! Коюнузчу?! – кыздын көзү алайып, жүрөгү түшүп калды.

– Ай, кыз!.. Силер, эмне, Бектур экөөңөр мени келече кылып атасыңар, ыя?! – деди Салимандын жини ого бетер келип.

– Эже, я не думала что, Бектурдун аялы ушундай... ну сиздей киши го деп, – деди Маша чын ниетинен аябай таң калып, чокунуп ийди, тигиге билгизбей.

– Ай, Маша!.. Бектурдун аялы мендей болбогондо, анан кандай болот?! – деди Салимандын жаны күйө.

– Ну... хотя бы озу менен тен болсо... – деди Маша, кабагын бүркөгөн калыбында.

– Апе– Е– Ей, ай!.. – деди Салимандын күйбөгөн жери күл болуп. – Мени менен тең болбогондо, эмне он сегизде бекен?!

Муну укканда Маша бир нерсени бүшүркөп, Салиманды тиктеп калды.

– Эже, сиз кайсы Бектурду айтып атасыз? Сиздики может быть башка Бектур? – деди Маша.

– Ошол эле Бектур! – деди Салимандын жини келип. – Сен аны сүйгөн, ал сени сүйгөн Бектур!

Маша мобильнигин баскылап сүрөт таап чыкты:

– Ушул, Бектурбу?

Мобильникти колуна алып, сүрөткө тигилди да, Салиман бир саамга көргөн көзүнө ишене албай турду, анан капсынан каткырып күлүп ийди, кызды бир чаап. Сүрөттөгү жаш жигит болчу.

– И-ий, өлбөдүмбү!.. – деди Салиман күлгөн бойдон.

– Эмне болду, эже? – деди Маша түшүнбөй.

– Ай, Маша, бул ким экенин билесиңби? – деди Салиман күлкүсүн тыя албай, мобильниктеги сүрөттү көрсөтүп.

– Бектур, – деди Маша, Салимандын эмнеге күлүп атканына түшүнбөй.

– Бул менин неберем – Мирлан, – деди Салиман күлкүсүн дагы эле токтото албай.

– Мирлан? – деди Маша, таң калып, бирок Салиманга ишенбей. – А Бектурчу?

– Фамилиясы Бектур, – деди Салиман.

Маша да бир нерсени эстей коюп кошо күлүп ийди.

***

Андан бир нече мезгил мурда. Ошол эле буюм– Тайым базары. Мирлан менен Маша. Жигит соода кылымыш этип, бум– Тайымдарды кармалап, улам– Улам кызды астыртан суктана карайт.

– Что с вами? – деди кыз да жигиттин оюн түшүнгөнсүп, күлүмсүрөп.

– Хочу с вами познакомиться, – деди жигит чын ниетинен.

– Маша, – деди, кыз тартынбай колун сунуп.

– Мирлан, – деди жигит да колун сунуп.

***

Ошол күндүн кечинде Мирлан менен Маша көлдүн жээгиндеги пирсте суусундук ичип олтурушту.

– Мирлан, почему у тебя не киргизская имя? – деди кыз, кызарып батып бараткан күндү тиктеп.

– А что, тебе не нравится? – деди жигит.

– По-киргизски было бы здорово, – деди кыз.

– А имя Бектур тебе нравится? – деди жигит күлүп.

– Нравится. А чье эта имя? – деди кыз кызыгып.

– Бектур – моя фамилия, – деди жигит. – Он мой дедушка.

– Хорошая имя. Давай, отныне я буду тебя называть Бектуром, если твой дедушка не будет против, – деди кыз күлүмсүрөп.

– Хорошо, – деди Мирлан күлүп.

***

– Ошондон кийин мен аны Бектур деп конуп калыпмын, Мирлан экенин такыр унутуп коюптурмун, – деди Маша күлкүсү келип.

– Ой, оңбогон чалым, десе, токол алгың келип жүргөн экен, ээ? – деди Салиман өзүнчө, күлкүсүн тыя албай. – Эми алып берем, сага, токолду!

– Эже... ой, чон эне, – деди Маша, – а Бектурдун... ой, Мирландын чын эле аялы барбы?

– Бар болчу, кетип калган, оту күйүшпөй, – деди Салиман, оюунун баары башка жакта болуп. – Туура эле айтыптыр. Азыр жок.

Машанын жүрөгү ылдыйлай түштү.

***

Күпкүндүз. Бейшенбектин үйү. Конок бөлмөдө көзү тоодой шишиген Бурулай өңгүрөп ыйлап олтурду. Жанында, кабагын карыш салган Жыргал.

– Кара жерге кирсин эркектер!.. – деди Жыргал, жини келип. – “Өзүбек байыса там салат, кыргыз байыса... токол алат” деген ушул турбайбы, ээ?. – Жаны ого бетер күйүп. – Ай, сенин артыңдан “тийбесең– Өлөм!” деп мурдунун маңкасын агызып чуркап жүрчү эмес беле, ыя? Эми байып алып, жаш кыздарды көргөндө шилекейин токтото албай аткан турбайбы, ээ? Ары жок! И-и, анан сен эмне дедиң?

– Эмне дейин... Токол алсаң, өлүп берем колуңа десем “Өлсөң өлө бер! Надоело!” деп мага корсулдап атат, тим эле! – Бурулай кайра өңгүрөп ыйлап ийди.

– Сволочь! Акмак! Карасаң муну! – деди Жыргалдын жини ого бетер келип, кимгедир кекене. – Ай, күйөөңдүн желин чыгарыш керек, андай көпкөн неменин!

– Бүттү, баары бир алат алчусун!.. – деди Бурулайдын ындыны өчө, солуктап.

– А– А, дайын турбайбы анда, ала турганы? – деди, Жыргал башын ийкеп.

– Ооба, – деди Бурулай кайра бышактап.

– Ким экенин билесиңби? – деди Жыргал, ичинен алда немени ойлоп.

– Знать не хочу! – деди Бурулай, жашын тыя албай, жийиркеничтүү бети– Башын тырыштырып.

– Эй, милая моя, билиш керек!.. – деди Жыргал, чечкиндүү.

– Зачем? – деди Бурулай жаштуу көзү менен Жыргалга таң кала карап.

– Зачемди мага кой. Билсең айт. Анан эмне кылаар экемин, мен андай шермендени! – деди Жыргал тиштенип.

– Ал коркутуп койсоң бүжүрөп кала турган кыз эмес экен, – деди Бурулай солуктап, Жыргалга астыртан. – Тим эле мени сүйлөтппөй койду.

– Сен аны менен сүйлөштүң беле?! – деди Жыргал уккан кулагына ишенбей, курбусуна таң кала карап.

– Ооба... – деди Бурулай үлдүрөп. – Көп болду.

– Эмне деп сүйлөштүңөр? – деди Жыргал, курбусуна тигиле.

– Иши кылып... – солуктап айта баштады Бурулай.

***

Чак түштө Бурулайдын машинеси парктын жанына келип токтоду. Бурулай сыртка чыгып бир азга эки жагын элеңдеп карап туруп калды, бирөөнү издеп.

– Кызыл сумка... кызыл сумка... – деди күбүрөнүп, ал, элдин арасын кыдырата карап. Кыздардын биртобунунун кызыл сумкасы көзүнө көрүнүп атты. Ар биринин артынан ээрчий басып, “Чоң кыз” деп улам бирине барса, тигилер Бурулайды жаман көзү менен карашып, кээси келесоо го дегенчелик кылып, сөөмөйү менен чыкыйын сая көрсөтүп кетип атышты.

Бурулайдын айласы кетип эмне кылаарын билбей делдейип турду. Аңгыча, анын көзү, парктын ичиндеги жайкы кафеде бейкапар мороженое жеп олтурган кыздын кызыл сумкасына түштү. Ал Каухар болчу. Жүрөгү дүкүлдөгөн Бурулай эмне кылаарын билбей бир азга буйдала түштү. Анан чымыркана алдыга кадам шилтеди.

***

– Бошпу? – деди жүрөксүнгөн Бурулай кыздын маңдайына келип.

– Бош оорун аз бекен? – деди Каухар тигини жактырбай. – Мен бирөөнү күтүп атам, – Бурк этип койду.

– Мениби?.. – деди Бурулай аптыга.

– Сиз ким элеңиз? – деди кыз кабагын бүркөгөн калыбында, тигиге тигиле.

– Мен... Бейшенбектин аялымын, – деди Бурулай жалтактап.

– А– А... Бурулайсызбы? – деди Каухар, жайбаракат мороженоесин жалап, Бурулайга текеберсине карап. – Олтуруңуз анда.

Бурулай стулга коомай көчүк басты. Толкунданганынан чекесинен чыпылдып тер чыга баштады, анын. Кызды бир паска тиктеп, сөздү эмнеден баштаарын билбей турду. Кыз да тигини астыртан анда– Санда карап коюп, мороженеосун жеп атты.

– Угуп атам? – деди кыз, Бурулайга кош көңүл тигиле.

– Каухар... – деди Бурулай, мукактанып, чекесиндеги терин сүртүп, – Сен мени түшүнсөң...

– Давайте, без сантиментов! – деди Каухар Бурулайды жактырбай, бети– Башын тырыштырып. – Я ненавижу плаксы.

Муну укканда Бурулайдын келмеси оозунан түшүп калды.

– Жо– О... тиги... түшүнсөң... – деди Бурулай түшүндүрүүгө аркеттенип, тердеп– Кургап, веер алып чыга калып желпинип ийди.

– “Түшүнсөң–пүшүнсөң” мени вообще не интерсует. Скажите прямо, что хотите от меня? – деди Каухар дагы бети– Башын тырыштырып, жактырбай.

– Мен анын аялы болсом, анан... – деди Бурулай эмне деп айтаарын билбей, алактап калды.

– Ну и что, сиз анын аялы болсоңуз? Эми мен анын аялы болом, а что вы его приватизировали? – деди Каухар, дагы эле тигини жактырбай, бурк этип.

Бурулайдын оозу ачыла түштү.

– Сен жаш эле кыз экенсиң... – деп Бурулай безилдеп ийди.

– Какое ваше дело, жашмынбы же кемпирминби?! – деди Каухар ого бетер кыжыры келип. – Ар кайсы сөздү айтып мээмди оорутпай айтпайсызбы, айтчуңузду.

– Айтып келатам... – деди Бурулай, жалтактап. – Биздин ортобузда балдарыбыз бар...

– Эжешка, – деди Каухар мыйыгынан мыскылдай күлүп, – отузга чыккан балдарыңызды айтып, кишинин күлкүсүн келтирбеңизчи.

– Отузга чыга элек, – деди Бурулай, аптыгып.

– Анан канчада? – деди Каухар Бурулайды сынай тиктеп.

– Балам жыйырма үчтө, – деди Бурулай, чекесинин терин сүртүп.

– А кызыңызчы? – деди Каухар, дагы эле Бурулайды мыскылдай карап.

– Жыйырма бирде, – деди, Бурулай дагы чекесинин терин сүртүп.

– Вот видите, – деди Каухар ого бетер мыскылдай күлүп, – балдарыбыз бар дейсиз, килтейген эле кишилерди, садикке барып аткан боккөтөндөрдөн бетер, – Жактырбай мурдун чүйрүп койду.

– Эми, килейсе да менин балдарым да, – деди Бурулай, оозуна башка сөз кирбей.

– Я ему нарожу кучу детей, ошондо балдарым бар десем, мага жарашат, – деди Каухарого бетер мыскылдай күлүп, Бурулайга карап койду.

Бурулайдын ичи тызылдап кетти.

– Канчадасың? – деди Бурулай Каухарга карап, бир нерсе айтчудан бетер.

– А что? – деди кыз Бурулайды оңурая карап.

– Балдарым менен эле тең экенсиң, анан... – деди Бурулай, сөзүн улагыча Каухар оозунан жулуп кетти:

– Сиздин “балдарыңыздын” жанында я еще балапанмын, – деди Каухар дагы эле мыскылдай. – Жыйырма бирдемин, всего лишь. Эжешка. Вас устраивает?

– Бейшенбек элүү үчтө, – деди Бурулай, эмне дээр экен дегенчелик кылып, кызга сынай тиктеп.

– Эмнеси бар экен, менин папам кырк үчтө, мамам кыркта, – деди Каухар мыйыгынан күлгөнүн жаспай.

– Кырк үчтө?! – Бурулайдын оозу ого бетер ачылып калды. – Анда... Бейшенбек аны кантип... ата дейт? – деди Бурулайдын ырайы бузулуп.

– Дейт, а что, менин папам болгондон кийин, почему папа дебейт экен? Если, дебесе – дедиртем! Дагы эмне айтасыз? – деди Каухар ого бетер мыйыгынан күлүп, мороженоесин жалап.

– Ата– Энең билеби, токол болгон атканыңды? – деди Бурулай алда– Неден үмүттөнө.

– Билишет. Они одобряют. Тойду эле күтүп атышат, – деди кыз мороженоесин жалаган калыбында.

Бурулай эмне деп айтаарын билбей, Каухарды делдейип тиктеген боюнча олтуруп калды.

***

– Ай, анан ошол жерден бетин тытып туруп, колуна карматпайт белең, андай шерменденин! – деди, курбусунун сөзүн угуп аткан Жыргалдын жаны кашайып.

– Менин бетимди тытып коер, – деди Бурулай үлдүрөп.

– Ушинтип жүрсөң, эриңди тарттырганың аз келгенсип, өзүң кошо ага малай болуп бересиң! – деди Жыргал Бурулайга нааразы боло.

– Эмне кылайын, анан? – деди Бурулай ыйламсырап.

– Берчи мага, ал кыздын телефонун! – деди Жыргал, чечкиндүү.

Бурулай мобильнигин колуна алып “Каухар” деген жазууну таап чыкты.

– Мына, – деди Жыргалга көрсөтүп.

Жыргал Каухардын номерин тере баштады.

– Алло? – деди, көлдүн жээгиндеги шезлонгдо күнөстөп жаткан Каухар, күндөн көзүн ала качып. Жанында Бейшенбек жаткан, пивону жанына коюп коюп, бир колу менен кызды балтырынан сылап. Тегеректе бири– Серин эс алуучулар бар эле.

– Каухарсыңбы?! – деди Жыргалдын ачуусу шакардай кайнап.

– Ооба, бул ким? – деди Каухар бейкапар.

– Эй, бети жок!.. – деди Жыргал, шыр эле, өзүн токтото албай. – Бирөөнүн үй– Бүлөсүн эмне бузуп атасың, ыя?!

– Сиз кимсиз?! – Каухардын куйкасы куруша түштү..

– Кимди эмне кыласың?! Ушунчаңда токтоп кал! Болбосо!.. – деди Жыргал акыраңдап.

– Эмне, кекетесиң?! Чаап аласыңбы?! – деди Каухар, сурданып.

Мындайды күтпөгөн Жыргал селт эте түштү.

– Ай кыз... – деди Жыргалдын келмеси оозунан ыргып.

– Эй, кто ты такая?! – деди Каухар ороңдоп.

Жыргал сөз таба албай буйдалып калды, бир паска.

– Ай, кыз!.. Ай, кыз!.. – деди Жыргал эмне дээрин билбей. – Сен эмне “сен” деп атасың, өзүңдөн улуу кишини?! Бешигимди терметтиң беле, бешиктен белиң чыга элек жатып, жарбагыр!

– Анда өзүң тийишпе! Сама лялка! Сама “жарбагыр!” – деди Каухар, ызырына. – Какой привет, такой ответ!

– Оме– Ей, ай, карасаң муну!.. – деди бозала боло түшкөн Жыргал дагы эле эмне дээрин билбей.

– Сама “карасаң муну!” Иди на... три буквы, поняла?! – деп жини келген Каухар.

– На три буквы дейсиңби?! – деди Жыргалдын көзү чакчайып.

– Да! Эмне уксаң – ошол! – деп, Каухар жини келе мобильнигин өчүрүп салды.

– Оме– Е– Ей, ай!.. Ай!.. – деди Жыргал титиреңдеп. – Тарбиясы жок!.. – күбүрөнгөн ал мобильнигин кайра– Кайра тиктеп, эмне кылаарын билбей бир азга буйдала түштү.

– Эмне болду? Бир нерсе дедиби? – деди Бурулай, курбусуна кооптоно карап.

– Уят сөздөр менен эле сөгүп атат, ай, шатыратып!.. Акмак кыз турбайбы, бул неме!.. – деди айласы кете кызалаңдаган Жыргал.

– Ошондой кыз, – деди Бурулай ындыны өчө.

– О, кара жерге кир, кыз болбой!.. – деди Жыргал демин баса албай. – Эмне кылыш керек эми? – аргасы түгөнө Бурулайга карады.

Бурулай солуктап ийнин куушурду.

Экөө бири-бирин карап айлалары кетип турушту.

– Эне– Атасы менен сүйлөшпөйсүңбү! Кантип эле жапжаш кызды өзүнүн атасынан да улуу кишиге аялдыкка ыраа көрүшсүн, при чем токолдукка! – деди жаны кашайган Жыргал.

– Сүйлөшкөм... – деди Бурулай, ындыны өчө.

***

Күндүз. Бурулайдын машинеси Каухардын ата– Энесинин үйүнүн алдына келип токтоду.

Бурулай машинесинен чыгып эки жагын жүрөксүнө карады. Бир азга ыргылжың болуп турду да, анан үйдү көздөй кадам шилтеди.

***

Мадина огородунда иштеп аткан. Бурулайдын машинеси келип токтогондо башын көтөрүп, бүшүркөп карап калды.

– Саламатсызбы, сиз Каухардын апасысызбы? – деди Бурулай жүрөксүнө.

– Ооба, – деди Мадина, – Мамасымын. Эмне болду?

– Сизде сөзүм бар эле, – деди Бурулай.

Мадина аны суроолуу тиктеп калды.

– Мен Бейшенбектин аялымын, – деди Бурулай, бир аз уяла.

– А– А... – деп Мадина, үстү– башын оңдоду да, Бурулай тарапка кадам шилтеди.

***

Бурулай менен Мадина бактын түбүндөгү орундукта олтуруп алып сүйлөшүп атышканына биртоп болуп калган.

– Бурулай, сиз туура түшүнүңүз, биз кызыбыздын ыктыярына каршы чыга албайбыз. Токолдукка чыгам деп дегдеп аткан өзү, – деди Мадина, үнү солк этпей. Бурулайга карап. – Токол десе эле чалкадан кете бербеш керек да. Ата– Бабабыздын салты. Жаман эч нерсеси жок. Ургаачынын баары тең бактылуу болууга акылуу. Тем более жаш кыздар. Ушинтип турмуш куруп алышпаса, көбү күйөөсүз калат. Өзүңүз деле түшүнсөңүз. Пожалуйста, депутат Касымбек Бектуров закон даярдап атат, токол алууга уруксаат берүү боюнча. Угуп атасызбы? Көрдүңүзбү, даже мамлекеттик деңгээлде каралып атат бул маселе.

Бурулай Мадинанын сөзүн башын шылкыйтып угуп олтурду, веерин анда– Санда желпип.

Аңгыча тыштан Муратбек келип калды, толгон китеп колтуктап. Китептерди тиктеп, Бурулайда кайрадан үмүт пайда болду.

– Саламатсызбы? – деди Муратбек Бурулай менен сылык баш ийкешип учурашып.

Бурулай да башын ийкеди.

– Мына, редкий китептерди таап келдим, сатканга, – деди Муратбек кубана.

– Жакшы болуптур, – деди Мадина. – Бул киши Бейшенбектин аялы экен, – дароо, токтолбой сөзүн улады.

Муратбек Бурулайды сынай карап туруп калды, ордунда, китептерин кучактаган бойдон.

– Мен айтып атам, – деди шылкыны сууп турса да Бурулай акырын сөз баштап, – Кызыңар жаш экен. Өзүнөн өтө улуу кишиге токол болгондун ордуна, өзү теңдүү жаш жигиттердин бирине чыгып алса болмок, деп атам, мамасына.

– Мен сизге айтпадымбы, – деди Мадина, так кесе, Бурулайдын сөзүн жактырбай. – Биз кызыбыздын каалосуна тоскоол боло албайбыз, туурабы папасы?

– Туура, туура! – деди Муратбек, үзүлүп түшө кубаттап, башын ийкегилеп. – Мамасынын айтканы туптуура. Кызыбыз өзү чечет. Токол болобу, коебу өзүнүн иши да. Молодежь, – Ыржыйып күлүп койду.

Бурулай бирде Муратбекти, бирде Мадинаны карап аргасы түгөнүп турду.

***

– А-а-а, де... Апасы да кызына окшогон неме турбайбы, анда, – деди Жыргал башын чайкап. – А, атасы подкабуличник экен да, торгаш! Ошентип эптеп жашап жүргөн немелер кызын бай күйөөгө токолдукка берген аткан турбайбы. Баары түшүнүктүү.

– Ошондой го, – деди Бурулай, Жыргалдын сөзүнө башын ийкеп.

– Ата– Энеси ошентип атса, иш чатак экен анда, – деди Жыргал үшкүрүп.

Экөө ындындары өчүп олтуруп калышты.

Ошол учурда үйгө Бурулайдын кызы Айчолпон кирип келди, оозуна чулчуңдап бир нерсе чайнап, колуна тамак салынган табак көтөрүп.

– И-и, эмне болду, подружкалар, үтүрөйүп? – деди оозу толтура Айчолпон, булдуруктай, апасы менен аяш апасын тамашалай, Жыргал менен өбүшүп учурашып.

– Атаң токол алган атат, билесиңби?! – деди Жыргал, тултуңдуп.

– Ну что? – деди Айчолпон, эч нерсеге камаарабай, тамагын чулчуңдап чайнаганын улантып.

– Как ну и что?!. – деди Жыргал, жаны күйүп. – Ай, мамаңды карачы..

– Жыкы эже, папамды ким тыя алат? Мамамбы же сизби? Смешно... Баары бир үйлөнөт, – деди кыз, тигилер менен иши жоктой, дагы оозуна тамак салып.

– И ты это одобряешь?! – Жыргалдын күйбөгөн жери ого бетер күл болуп кетти.

Бурулай да кызын жаман көзү менен карап койду.

– Одобрять этемби, этпейимби, какая разница? – деди Айчолпон, ийнин куушура, тамак жегенин улантып.

– Оме– Е– Ей, ай, Бурулай... душманды сырттан издеп эмне кыласың, үйүңдө турбайбы, көрсө, – деди Жыргал, башын чайкап, Айчолпонду жаман көзү менен карап.

Бурулай да курбусун колдоп башын ийкегиледи.

– Она моя подружка, – деди кыз, эч нерсе менен иши жоктой оозуна тамак салып.

– Ким?! – деди Жыргал, бир нерсени бүшүркөп.

– Каухар, кто еще, – деди Айчолпон күлүп.

– Ай... – деди Жыргал эмне айтаарын билбей, аптыгып, – Сен эмне деп атасың, ыя?! Ушул чынбы?! – алая Бурулайга карады курбусу.

– Чын, – деди үлдүрөп, Бурулай.

– Я ее привела сюда, мамам жокто и папам ушул үйдөн таанышкан, аны менен, – деди Айчолпон дагы эле камаарабай, тамак жегенин улантып.

Анан табакты журнальный столго коюп, диванга олтура кетти, тишин чукуп.

– И-и, улантпайсыңарбы, – деди кыз оозун салфетка менен сүрүп.

– Эмнени? – деди Бурулай кызын дагы эле жаман көзү менен карап.

– Темаңарды, – деди Айчолпон, колуна журнал алып, барактап.

Тигил экөө кызды дагы жаман көздөрү менен карап калышты.

– Значит, сен ортомчу болгон турбайсыңбы ээ, жанагы проститутка менен папаң экөөнө? – деди Жыргал, кызга тикирейе тигилип.

– Ал проститутка эмес, нормальная эле кыз. Просто хочет хорошо жить, – деди Айчолпон журналга кызыга карап. Анан капысынан эле бышкырып күлүп ийди, ал. Жыргал дароо өзүнө алды кыздын күлкүсүн, кашын көтөрө жактырбай карап калды суроолу, тигиге.

– Мени шылдыңдап атасыңбы?! – деди Жыргалдын куйкасы курушуп.

– Не– Ет, – деди Айчолпон күлүп. – Посмотрите на эти сиски! – апасы менен аяш апасынын алдына журналды таштап койду, каткырып күлгөн бойдон. – Силикон!

Тигил экөө журналга көздөрүнүн кыйыгы менен көз чаптырышты. Журналда бюсгальтерге батпай чатыраган эмчеги бар кыздын фотосу турган.

– Силикон болсо эмне экен? – деди Бурулай Жыргалдын алдында кызынын жоругуна уяла.

– Предствляете, если менин эмчегим ушундай болсо! – деди кыз ого бетер күлкүсүн тыя албай каткырып.

Жыргал кызды жактырбай башын чайкап шыпшынып койду.

– Айчолпон, каяктагы сөздү сүйлөбөчү, ушул да күлкүбү?! – деди Бурулай, уялганынан эмне кылаарын билбей.

– Хорошо, хорошо, мама, – деди Айчолпон, күлүп. – Угуп атам. Айта бергиле.

– Эмнени? – деди Жыргал, кыртыштап.

– Ну... арыз– Арманыңарды, – деди Айчолпон журналды кызыга караганын улантып, тигилерге кош көңүл мамиле кылып.

– Сага баары бир турбайбы, ээ? – деди апасынын жаны күйүп.

– Анан эмне кыл дейсиз? – деди Айчолпон апасына суроолуу тигилип.

– Ай, мамаңа жардам бербейсиңби! – деди Жыргалдын жини келип. – Сага сени тууган апаң кымбатпы же жанагы... проститутка жакынбы?!

– Ошону айтсаң, – деди Бурулай да кызын жаман көзү менен карап.

– Эмне жардам берейин? – деди Айчолпон түшүнбөй.

– Айт, подружкаңа, – деди Жыргал.

– Эмне деп айтайын? – деди кыз апасы менен Жыргалга алмак– Салмак карап.

– Көчүгүн кысып жүрсүн! – деди Жыргал титиреңдеп.

– Мхи!.. Буквально ошентип айтайынбы? – деди Айчолпон мыйыгынан күлүп.

– Ошентип эле айт! – деди Жыргал ого бетер кызуулана. – Кысып жүр көчүгүңдү деп айтып атышат де!

– Кыспайм десечи? – деди кыз мыйыгынан күлгөнүнөн жаспай.

– Кыстырып коебуз! – деди Жыргал ого бетер кызуулана.

– Эгер ал силерди кыстырып койсочу? – деди Айчолпон, мыйыгынан.

– Ай, сен кимге болушуп атасың?! – деди Бурулай жаны күйө ыйламсырап.

– Мама, – деди Айчолпон, – Кыстырып коебуз десеңер эле Каухарды коркуп калат деп атасыңарбы? Она же дерзкая. Мушташкандан кайра тартпайт. Кайра өзүңөрдүн акмагыңарды чыгарат. Керек болсо, сабап кетет.

– И-ий, өлгөн турбайымбы!.. – деди Бурулай бышактап. – Ушул салагага эримди тарттырып иет экемин да!

– Мама, не устраивайте, пожалуйста театр, – деди Айчолпон, жактырбай. – Если что, өзүңүз күнөөлүсүз, баарына.

– Сага ушул театр болуп атабы, ыя?! – деди Бурулайдын жаны кашайып. – Менин страдать эткеним сага баары бир турбайбы, ээ?! Ошол... жанагы... тээтиги... проститутка катынга жан тартып атасыңбы?!

– Ал катын эмес, кыз, – деди Айчолпон жайбаракат.

– Кыз?! Атаңа токол болуп аткан неме кыз экен да, ээ сага?!. – деди Бурулайдын жаны ого бетер кашайып.

– Эмне кыласыз, бирөөнү оскорблять этип? – деди Айчолпон, мыйыгынан, башын чайкап.

– Ай, Айчолпон, кимди– ким оскорблять этип атат, ыя?! – деди Жыргал кызалаңдап. – Атаңа токол болом деп, мамаңдан эр талашып аткан неме оскорблять этип атабы же?! – сөз таба албай туттугуп калды, андан ары.

Ошол убакта эшиктин коңгуроосу кагылды.

– Ким? – деди Айчолпон, домофондун трубкасын алып.

– Ай!.. Кимди эмне кыласың, о-о, саксайган!.. Эмне, кулагыңа суук тийип калдыбы?! Мен!.. Ач!.. – деди ачуулу үн домофондун мембранасынан.

– Маршалл!.. – деди Айчолпон эмнегедир үрөйү учуп, трубканы колу менен калкалап, апасына алаңдай карап. Анан шашкалактай кнопканы басып ийди да, эшикти көздөй умтулду.

– Коку– Уй!.. – деп Бурулай ордунан ыргып турду. – Чуркагыла! Тез! – кызынын артынан кыйкырып калды.

Ошол учурда кызматчы кыз Майрам ашкана тараптан чыга калды да, ал да Айчолопондун артынан шаш– Буша сыртка жөнөдү, чуркаган бойдон.

Бурулай шашкалактай бети– башын жасап– түзөп, үстү– башын оңдоп– теңдеп кирди.

Баятан буларга таң калып, эмне болуп атканын билбей делдейген Жыргал Бурулайга ээк өкчөдү:

– Эмне эле мынча бүлүк түшүп калдыңар? Бул ким?

– Чоң эжем!.. – деди Бурулай бети– башын сүргүлөп атып.

– Чоң эжеңер укмуш го, баарыңар тең кыйсыпыр түшкөнүңөргө караганда, – деди Жыргал жактырбай.

– Ооба, – деди Бурулай шаша– буша башын ийкегилеп, – Кирип келип эле сөгөт.

– Сөгөт?.. Омей, кызык го... – деди Жыргал эмне деп айтаарын билбей, таң кала түштү.

– Сен анын сырын билбейсиң, ал... – деди Бурулай, кантип мүнөздөмө берээрин билбей. – Келгенде көрөсүң, өзүң... – шашып– бушуп бети– башын сүргүлөп атты.

Жыргал да эмнегедир жүрөксүнө түштү, муну укканда…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Кулмамбетов Ж.О., 2011

 


Количество просмотров: 3499