Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Кулмамбетов Ж.О., 2000. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 13 октябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Чөл үстүндө ошол эски ыр калды

Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытаар күн” романынын мотивдеринин негизинде жазылган эки бөлүмдүү драма

Катышуучулар:
Өспүрүм.
Аял.
Эрдене — Чыңгызхандын колунун жүзбашысы.
Догулаң — саймачы.
Алтын — Догулаңдын күңү.
Кемпир.
Боюнда бар аял.
Арасан нойон.
Булардан тышкары жасоолдор, жоокерлер, эл катышат.

 

ПРОЛОГ

Айлуу түн эле. Тептегерек болуп толгон ай учу-кыйыры жок созулуп жаткан бопбоз чөлдүн бетин коркунучтуу муздак нуруна бөлөп турган. Жүрөктүн үшүн алган жымжырттык. Бул жымжырттыкты бузуп берегиде гана туш-тарабы аңгырап ачылган алачыктын ичинде чатырап жагылган оттун жээгинде эки караан олтурду. Бири 12-13 жаштардагы өспүрүм, экинчиси жашы өбөктөп калган аял болчу.
ӨСПҮРҮМ. (Эки жагын элеңдей карады) Апа, бир нерсе сурайынбы?
АЯЛ. (Кылып аткан ишин токтото, башын көтөрдү) Сура, балам.
ӨСПҮРҮМ. (Үнү дирилдей) Кетеличи бул жерден, башка жакка.
АЯЛ. (Уулунун жүзүнө кунт коё тигилди) Эмнеге?
ӨСПҮРҮМ. (Калыбында) Коркуп жүрөм, мен.
АЯЛ. Эмнеден?
ӨСПҮРҮМ. (Мукактана) Билбейм... Түнүчүндө уктап атсам эле, бир үн угулат...
АЯЛ. Үн?
ӨСПҮРҮМ. Ооба. Анан ойгонуп кетип үн чыккан жакты тешиктен карасам, талаадан эки караан көрүнөт, айдын жарыгында.
АЯЛ. И-и?..
ӨСПҮРҮМ. Экөө эки жактан чий аралап бири-бирин көздөй басып келишет. Бирөө эркек, бирөө аял. Анан биздин алачыктын тушуна келгенде экөө жолугушат да, чөк түшүп, биздин үйгө аркасын сала олтурушуп кошок кошо башташат. Кө-өпкө чейин ошентип олтурушат. Таңга жуук гана экөө эки жакты көздөй кетишет.
АЯЛ. (Улутунуп) А-а, кешиги жок байкуштар, ай.... Арбактары ушу жерден айланчыктап кете албай жүрүшкөн экен да.
ӨСПҮРҮМ. Сен билесиңби, апа аларды?
АЯЛ. Билем, балам, билем, билбей койчу белем, элдин баары билген нерсени.
ӨСПҮРҮМ. Анда эмне мурда мага айткан жок элең апа?
АЯЛ. Ар нерсени өз убагы болот, балам.
ӨСПҮРҮМ. Анда сен да көргөн турбайсыңбы, ээ, аларды?
АЯЛ. (Улутунуп) Көрбөй койчу белем, кантип көрбөй коёюн...
ӨСПҮРҮМ. Сен да коркчу белең?
АЯЛ. (Үшкүрүнүп) Тирүүлөрдөн коркуш керек, балам, арабактардан эмес.
(Аңгыча муңдуу ыр угулду алыстан)

Адашып келип жалганга, жаным,
Ашыктык оту жанганда, жаным.
Ажаандын калып каарына, жаным,
Асыл баш кетти арманда, жаным!

Капыстан келип жалганга, жаным,
Каректе сүйүү жанганда, жаным.
Каарына калып кан ичээр хандын,
Кайран баш кетти арманда, жаным!

Байкабай келип жалганга, жаным,
Балбылдап сүйүү жанганда, жаным.
Бейжайдын калып каарына , жаным.
Бейажал кеттик арманда жаным!

ӨСПҮРҮМ. (Элеңдеп) Апа!.. Апа!.. Угуп атасыңбы?!..
АЯЛ. (Кулак түрүп) Угуп атам. А-а, ырысы жоктор!..
ӨСПҮРҮМ. Ошолор экен!.. Тигине, келатышат!.. Айтпадым беле!.. (Коркконунан бүрүшө түштү).
АЯЛ. (Уулун бооруна тартып башынан сылады) Коркпо, коркпо, балам.
ӨСПҮРҮМ. (Жүрөксүнгөнү бир аз басылып) Апа, булар ким?
АЯЛ. (Үшкүрүнүп) Ким болсун... Кешиги жок байкуштар да.
(Толгон айдын жарыгында чий аралаган эки караан бири-бирин көздөй талаа кезип келатышты. От жагылган алачыктын тушуна келгенде экөө бири-бирине жете беришип, чөк түшө олтушту да, бири-бирин тиктешкен боюнча же кошок экени белгисиз, же ыр экени белгисиз, же ый экени белгисиз муңдуу үн чыгарып атышты).
ӨСПҮРҮМ. (Коркону басылбай) Апа, ким деп атам, булар?
АЯЛ. (Ойго чөмүлгөн калыбында) Ким болмок эле... Эки ашык.
ӨСПҮРҮМ. Эки ашык.
АЯЛ. Ооба.
ӨСПҮРҮМ. Булар эмне биякта жүрүшөт?
АЯЛ. (Үшкүрүнүп) Жоготкон жолу, тапкан шору ушу жерде болсо жүрүшөт да, балам. (Уулун бооруна кысты).

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Биринчи сахна

Жайдын толуп турган кези. Шар аккан суунун боюнда, мажүрүм тал сеңселип өсүп турган. Аңгыча бир тараптан атын кошкурганы угулуп, мажүрүм талдын арасынан шабырт-шубурт эткен дабыш чыга түшүп, анан айлана бир паска дымый калды. Аттын кошкуругу тараптан бирөөнүн каардуу үнү угулду.
ҮН. Эй, сен кимсиң?! Чык бери!
(Жооп болгон жок).
Чык деп атам!.. Болбосо, азыр атып таштайм!.. Чык, тез!.. (Мажүрүм талдын арасынан чачтарынан суу шоргологон энеден туума жылаңач чечинип алган, бүт мүчөсү келишкен, таптатынакай сулуу кыз эмчектери менен уят жерин колундагы кийимдери менен басып, алаңдап коркуп чыга келип, титиреп туруп калды. Аңгыча кыздын маңдайындай жагынан жаасын мээлеген моңгол жоокер көрүндү. Кыз аябай уялып, бирок айласы жок иймениңки туруп берди).
ЖООКЕР. Эмне кылып жүрөсүң бул жерде?
КЫЗ. (Үнү дирилдей) Сууга түшүп атам.
ЖООКЕР. Каяктан келдиң эле?
КЫЗ. Кагандын кошунунанмын.
ЖООКЕР. Кагандын?
КЫЗ. Ооба.
ЖООКЕР. Эмне иш кыласың?
КЫЗ. Кагандын желегине сайма саям.
ЖООКЕР. Эмне сайма?
КЫЗ. Алтын ажыдаардын саймасын.
ЖООКЕР. (Жаасын ылдый түшүрдү) Ошону сен саясыңбы?
КЫЗ. Ооба.
ЖООКЕР. Чын айтасыңбы?
КЫЗ. Чын.
ЖООКЕР. (Жумшарып) А мен сени жашынып турган душман экен деп ойлопмун. Эмне үчүн дароо чыккан жоксуң? Атып салсам эмне болот эле.
КЫЗ. (Иймениңки) Уялып аттым...
ЖООКЕР. (Эсине келгендей) Ой, болду эми... Эмне турасың, бар түшө бер сууга.
КЫЗ. (Иймениңки) Түшүп бүткөм. Жаңы эле кийинейин деп аткам.
ЖООКЕР. Кийинип чык, анда.
(Кыз кетенчиктеген бойдон мажүрүм талдын арасына кирип кетти).
А эмне жалгыз келип түшүп аттың эле?
КЫЗ. (Мажүрүм талдын ары жагынан) Эч ким жок ээн жерге келип, сууга жалгыз түшкөндү жакшы көрөм. А сиз каяктан келаттыңыз эле?
ЖООКЕР. Чалгындан...
(Ортодо кандайдыр бир ыңгайсыз абал өкүм сүрө түштү. Аңгыча мажүрүм талдын арасынан үстүнө бир салаар кийимин кие салган кыз кайра чыга келди да, уялыңкы күлүп ийди).
КЫЗ. (Аптыгып сөз таппай) Мына... кийиндим...
ЖООКЕР. (Ал да аптыга) Сулуу экенсиң.
КЫЗ. (Аптыга) Сиз дагы... келишимдүү экенсиз, аябай!
ЖООКЕР. (Аяр) Атың ким?
КЫЗ. Догулаң. А сиздикичи?
ЖООКЕР. Эрдене.
ДОГУЛАҢ. Атыңыз өзүңүзгө аябай жарашат экен.
ЭРДЕНЕ. Сеники дагы...
(Экөө тең эмне дээрин билбей, сөз таппай туруп калышты).
ДОГУЛАҢ. (Кыйылып) Кошуңуз анда... мен кеттим.
ЭРДЕНЕ. (Шашкалактай) Шашпа... мен... жеткирип коем сени.
ДОГУЛАҢ. (Чочуп кетти) Жок, жок!
ЭРДЕНЕ. (Түшүнбөй, суз тарта түштү) Эмнеге?..
ДОГУЛАҢ. Эл көрсө...
ЭРДЕНЕ. (Жүрөгү оордуна келе) Эл көрсө эмне экен?
ДОГУЛАҢ. Кагандын жардыгын билесизби?
ЭРДЕНЕ. (Башы шылкыя түштү) Билем...
ДОГУЛАҢ. (Аяй) Билсеңиз ошо да. Капа болбоңуз мага, макулбу? (Кыз баса жөнөдү).
ЭРДЕНЕ. (Кыздын соңунан) Кайсы чатырда турасың?
ДОГУЛАҢ. (Артына кылчайып) Саймалуу чатырда (чыгып кетти).
ЭРДЕНЕ. (Өзүнчө күбүрөп) Саймалуу чатырда... (Кызды узата тиктеп, мажүрүм талдын алдында жебеси менен жер чукулап олтуруп калды).

ЭКИНЧИ САХНА

Айлуу түн Догулаңдын чатыры. Коломтодо от күйүп, төрдө кыналыша кучакташкан эки жаш — Эрдене менен Догулаң.
ЭРДЕНЕ. (Догулаңды аймалап) Жаным!.. Өрттөнүп баратам!.. Ай, кудай ай! (Догулаңдын кийимин чече баштады).
ДОГУЛАҢ. (Жалынып, алсыз каршылык көрсөтө) Жаным, койчу. Кыйнабачы. Чыдайлычы, жаным!.. Кагандын жардыгын билесиң.
ЭРДЕНЕ. (Көшөөрө чечинте баштады) Жок, жаным, чыдай албайм! Ушунча чыдадым! Жетет эми!
ДОГУЛАҢ. (Дагы эле алсыз каршылык көрсөтө) А жардыкчы?!. Жардыкчы?!
(Эрдене эч нерсени укмаксан болуп Догулаңды чечинтип ийип, өзү да чечине баштады).Эсиңе келчи, Эрдене!..
ЭРДЕНЕ. (Демиге) Эсимди жоготуп койдум, жаным!
(Эки жаштын апакай сулуу денелери кынала түштү).
ДОГУЛАҢ. (Алсыз) Отту өчүрөйүнчү, анда, жаным.
ЭРДЕНЕ. (Шашкалактай) Мен эле, мен эле... (Коломтотогу оттун үстүнө тулгада турган казанды көмкөрүп койду.
Эки жаш жанкумарынын кучагында балкып калышты. Тээ бир кыйладан соң коломтодогу от кайра жылт этти. Оттун жанында казанды аңтарып оордуна койгон, чачтары тал-тал жайылган Догулаң турду).
ДОГУЛАҢ. (Алигиче кумардын кучагынан чыга албай, бирок эмнегедир тынчсыздана) Бекер кылдык ко, бекер кылдык ко ушуну. Биз кагандын жардыгын буздук...
ЭРДЕНЕ. (Белине чейин жылаңач бойдон Догулаңды, аркасынан келип кучактады) Көп эле кабатыр боло бербечи, жаным!
ДОГУЛАҢ. Кокус боюма болуп калсачы? Анда эмне кылабыз?
ЭРДЕНЕ. Эмне кылмак элек... төрөйсүң, жаным! Төрөп бересиң, мага.
ДОГУЛАҢ. (Чочуп кетти) Төрөймбү?! А жардыкчы?
ЭРДЕНЕ. (Догулаңды сага кучактап) Болдучу, эстебечи аны, жаным, эстебечи! (Аймалап жиберди, Догулаңды) Сүйүүсүз да жашоо болобу?! Сүйүү да кылмышпы, жаным?! Биз бири-бирибизди сүйүп калганыбыз үчүн күнөөлү эмеспиз! (Кичине паузадан кийин) Эстебечи, макулбу?
ДОГУЛАҢ. (Ээрип баратты) Эстебейин... эстебейин...
ЭРДЕНЕ. Эстебе, эстебе жаным! (Ого бетер аймалап) Мен согушуп атып өлүп каламбы деп коркпойм. Акыркы убактарда мен сенден ажырап каламбы деп корком. Эси-дартымдын баары эле сен . Кайда жүрбөйүн, эмне кылбайын сени эстеп куса болуп, кыйналып кетем. Башта эч качан мындай болчу эмесмин.
ДОГУЛАҢ. (Наздана) Мен дагы, жаным! Кусалыгыма ээ боло албай, көзүмдөн дайыма учасың. Алтын ажыдаарлардын саймасын сайып атып, дайыма сени элестетем. Түшүмдөн чочуп ойгонсом, оюмда сен турасың. Сен менин өрттөй күйгөн ажыдаарымсың, жаным! (Анан капысынан эки ашык кол кармашып коломтодогу отту айланып, бакыттын кучагында тегеренип атышты. Бир аздан соң экөө тең демигип, коломтонун боюна чөк түшүп, аймалашып, бирде бири-биринен кумары тарабай тиктешип, адам айтып бере алгыс кереметтүү көз ирмемди баштарынан өткөрүп атышты).
ЭРДЕНЕ. (Толкундана) Бул эмне, жаным?!
ДОГУЛАҢ. (Толкундана) Бул — сүйүү, жаным!
ЭРДЕНЕ. (Толкундана) Бул эмне, жаным?!
ДОГУЛАҢ. (Токундана) Бул — махабат, жаным!
ЭРДЕНЕ. (Толкундана) Бул эмне, жаным?!
ДОГУЛАҢ. (Толкундана) Бул — бакыт, жаным!
ЭРДЕНЕ. (Толкундана) Бул эмне, жаным?!
ДОГУЛАҢ. (Толкундана) Бул... бул... керемет, жаным! Сөз жеткис, керемет!
ЭРДЕНЕ. (Толкундана) Мен түбөлүк сендикмин, жаным!
ДОГУЛАҢ. (Толкундана) Мен дагы, жаным!..
(Эки ашык аймалашкан боюнча шайы төшөктүн үстүнө кыналышА кулашты).

ҮЧҮНЧҮ САХНА

Чөл. Үрүл — бүрүл түшүп калган кечтин биринде бозоргон чатырлардын жанында эки караан жолугушту. Алардын бирөө Эрдене, экинчиси Алтын болчу.
ЭРДЕНЕ. (Шыбырай) Алтынсыңбы?
АЛТЫН. (Шыбырай) Ооба. Эмне кечиктиң?
ЭРДЕНЕ. (Шыбырай) Күзөтчүлөрдү эптеп кетиргиче эле ушу болду.
АЛТЫН. (Шыбырай) Догулаңың үч күндөн бери күтүп атат, зарыгып.
ЭРДЕНЕ. (Шыбырай) Канатым болсо учуп жетет элем. Эмне кылайын, эрк өзүмдө эмес. Атты жайдактаба, билесиң да.
АЛТЫН. (Шыбырай) Билем, билем, кам санаба. Ушунча убактан бери кынтып чыгарбай кайтарып берип атам го, атыңды.
ЭРДЕНЕ. (Шыбырай) Аныңа ыразымын. Сен болбосоң биз эмне кылат элек, билбейм. Эки дүйнөдө ыраазыбыз, сага.
АЛТЫН. (Шыбырай) Колумдан келген жакшылыгым ушул экен, анын эмнесин аяйм, силерден. Бар эми, Догулаңыңа.
(Эрдене караңгыны көздөй кадам таштады).
Эрдене!..
ЭРДЕНЕ. (Токтой калды акырын) Эмне болду?
АЛТЫН. (Акырын) Унутуп калган турбаймбы. Догулаңың талгак болуп атат.
ЭРДЕНЕ. (Акырын) Талгак болуп?..
АЛТЫН. (Акырын) Ооба, боюнда болуп калыптыр.
ЭРДЕНЕ. (Дендароо боло түштү) Боюндабы?
АЛТЫН. (Акырын) Ооба.
ЭРДЕНЕ. (Кичине паузадан кийин) Болсун! Анын эмнеси жаман, ал сүйүүдөн жаралган бала! (Караңгыга суңгүп кирип кетти. Алтын узата карап, ат кайтарып калып калды).

ТӨРТҮНЧҮ САХНА

Чөл. Добулбас тынбай кагылып, ызы-чууга аралаш, аттардын дүбүрттөрү, аялдын чыңырыгы угулду. Ай талаада эки моңгол жоокер ай-күнүнө жетип калган аялды чыңыртып сүйрөп келе жатышты. Алардын соңунда жүзбашы Эрдене.
АЯЛ. (Ый аралаш жанталаша жалынып жалбарып) Жансоога! Жансоога!.. Чымындай жанымды калтыра көргүлө!
БИРИНЧИ МОҢГОЛ ЖООКЕР. Жанын таттуусун карасаң!
ЭКИНЧИСИ МОҢГОЛ ЖООКЕР. (Аялга) Хе-хе-хе!.. Душманга ырайым кылганды качан көрдүң эле? Андан көрө кудайыңа жалына бер, бетпак!
АЯЛ. (Ый аралаш жанталаша жалынып — жалбарып) Силердин да балаңар бардыр... Жанымды аман койгула. Мен өлсөм ичимдеги балам кошо өлөт! Аяп койгула! (Шолоктоп атты).
БИРИНЧИ МОҢГОЛ ЖООКЕР. (Кылычынын сабын карман) Качан көрдүң эле душманынын тукумун калтырганын, мээси жок катын! Азыр ичиңди жарып, балаңды алып чыгабыз!
ЭКИНЧИ МОҢГОЛ ЖООКЕР. (Эрденеге) Эрдене, эмне мынча алыс кеттик? Болдубу? Мына, аң бар экен мобу жерде, өлтүрүп туруп аңга ыргытып кетебиз. Өлүгүн ит-куш жеп кетсин. (Эрдене болду дегенсип колу менен ишарат кылды эле, жоокердин бири кылычын сууруп, төрт аяктап жанталашып, жөрмөлөп качып бараткан аялды жара чапмакчы болуп, өйдө көтөрдү).
ЭРДЕНЕ. (Өкүм) Өзүм!..
(Жоокер кылычын акырын ылдый түшүрдү) Обочороок тургула, көзүмө көрүнбөй. (Эки жоокер кыңк этпей буйрукту аткарышып, обочо барып көрүлбөй калышты).
АЯЛ. (Жанталаша, төрт аяктай артка кетенчиктеди) Кайсы жазыгыма, кагылайындар?! Кайсы жазыгыма?!
(Эрдене унчукпай кабагын түйө кылычын кынынан сууруп чыкты да, мизин күнгө чагылыштыра жарк эткизе асманга көтөрдү. Анан ошол бойдон абада катып калды колу. Көзү чанагынан чыкчудай болуп корккон аял да демин ичине алып, кылычтын мизин титкеп, былк этпей бүрүшүп калган. Эрдененин жүзү кыпкызыл болуп чыңалып кетти. Канчалык чымырканса да колу былк эптеди. Анан кылычты көтөргөн колу шалк эте ылдый түшүп кетти. Кылыч кыңгыр этип топуракка сайылды. Бүрүшкөн аял бирде кылычты, бирде Эрденени тиктеп, эмне болуп атканына түшүнбөй турду).
ЭРДЕНЕ. (Бир кыйладан соң ээрдин кыбырата) Кет!
(Аял түшүнбөй тиктеп калды) Кет деп атам!
(Аял боортоктогон боюнча артты көздөй жылып жөнөдү). Аңга кирип кет! Биз кеткиче чыкпагын! 
(Аял дендароо боло, Эрдененин сөзүнө ишене албай, көзүнүн жашы он талаа төгүлүп, жанталаша жөрмөлөп олтуруп аңга кирип кетти да, дымы чыкпай калды).
Жигиттер!.. (Эки жигит дөбөнүн ары жагынан сороктоп чыга келишти). Кеттик, миңгиле атыңарга.
БИРИНЧИ МОҢГОЛ ЖООКЕР. Эмне кылдың?
ЭРДЕНЕ. Ичин жарып, аңга ыргытып, үстүнө топурак уратып таштадым. Жөнөдүк!
ЭКИНЧИ МОҢГОЛ ЖООКЕР. Биздин колго берсең адегенде бир кумардан чыгып алат элек да.
БИРИНЧИ МОҢГОЛ ЖООКЕР. Боюнда бар катындан кайсы кумар жасылсын.
ЭРДЕНЕ. Ошону айтсаң. Убакыт тар. Колду кууп жетиш керек. Аттандык. (Кошкуруп суулугун чайнаган аттарды көздөй ыкчам басып жөнөдү. Эки жоокер улам артын кылчактап карашып Эрдененин артынан кетип баратышты.
Тээ бир далайдан кийин, аттардын таскагы алыстап кеткен соң, аңдын кырынан чачтары саксайган аялдын башы көрүндү. Ал тырмалаңдап аңдан чыкты да дендароо боло, тирүү экенин ишене албай олтурду. Анан томпойгон ичин сылап шолоктоп ыйлап ийди. Бул ый кубанычтын, ыраазычылыктын ыйы болчу. Аңгыча аял бөйрөктөрүн аткый таянып, ката түштү).
АЯЛ. Ой!.. Бул эмнеси?!. Ой!.. Толгоом... толгоом башталдыбы?! (Эмне болуп атканын түшүнө албай, каректери чоңоюп, бир оорунда тура албай чабалактап кирди). Ой!..Ой!.. (Онтологон боюнча боортоктоп кайра аңга кирип кетти. Анан аял эки-үч ирээт кудайга үнү жете ачуу-ачуу кыйкырып алды да тынчый түштү эле, ага удаа эле, теребелдин тынчтыгын бузган наристенин ыңаалаган үнү угулду.
Пауза.
Биртоптон кийин үстүнө салма эски чапанына ымыркайын орогон, көзүнүн жашы он талаа болуп төгүлгөн аял тырмалаңдап аңдан чыкты да, делдейип олтуруп калды, тээ бая моңголдор кеткен тарапты карап).
АЯЛ. (Көзүнүн жашын тыя албай) Ыраазымын!.. Ыраазымын!.. (Аялдын үнүнө удаалаш теребелди жаңыртып ымыркай ыңаалап ыйлап атты. Аңгыча тээ алыстан илкий басып келаткан бир караан көрүндү. Аял оордунан козголуп, наристесин бооруна бекем кысып кайра аңга кире качмакчы болуп барып токтоп калды. Караан аса-мусачан кемпир болчу).
КЕМПИР. (Күңүрөнүп ырдап келатты) Жеринде жүрүп тентиген,
Элинде жүрүп тентиген,
Калкыңда жүрүп кар болгон,
Калдайган дүйнө тар болгон,
Канкордон көрүп кордукту,
Кагандан көрүп зордукту,
Каңгып бир калган талаада,
Кайсы арманды айтайын!.. (Үрпөйүп, нарситесин бооруна кысып олтурган аялга жете келди). Чочуба, кызым. Мен жер кезип жүргөн, эч кимге зыяным жок, бүбү-бакшылык жайы бар бир пендемин. Куу далы ачып, өткөн-кеткениңди айтып берем. (Анан аялдын сөзүн күтпөй эле чөк түшө олтурду да, койнунан куу далы алып чыгып жобурай баштады) Ырысың тоодой экен, кызым. Жаңы эле өлүмдүн оозуна барып кайра тартыпсың. Кылычынынын мизинен кан тамган кагандын бир ырайымдуу жигити жаныңды соогатка калтырып кеткен тура. Катуу корккон экенсиң, ошондон толгооң келип, ай-күнүңө кырк күн жетпей төрөп таштапсың. Киндигин өзүң кесипсиң. (Аялга карап) Кел, ымыркайыңды эмдеп-домдоп коёюн. (Ырым-жырымын кыла баштады) Өмүрүң узун болсун! Акжолтой кыз бол! Таалайлуу— бактылуу болуп, бейкуттукта өс! (Аялга) Кудай сага чоң ырайым кылыптыр. Колуктусу ай — күнүнө жетип төрөгөн турган жигиттин колуна түшкөн экенсиң. Ошон үчүн аман калыпсың.
АЯЛ. (Таң кала). Энеке, ушунун баарын көзү ачыктыгыңыз аркылуу билип атасызбы?
КЕМПИР. (Башын ийкеп) Анысы да бар. Бирок, менин жашыма келип, белиң бекчейип, көзүң чекчейип, калганда сенин да билбегениң бит болот. Көп жашасаң— көптү билесиң.(Кичине паузадан соң). Курган неме.
АЯЛ. Кимди айтып атасыз, энеке?
КЕМПИР. Сага ырайым берген жигитти айтып атам. Көргөн күнү не болоор экен деп аяп атам, байкушту.
АЯЛ. Эмнеге?
КЕМПИР. Моңголдун кошунунда жүргөн бир дагы аял жортуул бүткөнчө төрөбөсүн, бир да эркек кошуңдагы аялдарга жолобосун деген Чыңгызхандын жардыгы бар. Жардыкты ким бузса — жазага тартылат. Ошол үчүн аяп турам. Элге билинсе  — экөөнүн тең башы кетет — эркегинин да, аялынын дагы.
АЯЛ. И-ий, анын бетин ары кылсынчы!
(Пауза)
КЕМПИР. Атын билип калдыңбы, анын?
АЯЛ. (Шашкалактап) Эрдене деди го бирөө.
КЕМПИР. Эрдене бекен?
АЯЛ. Ооба.
КЕМПИР. Ымыркайың торолгондон тартып, Эрденеге, унутпай кезек-кезек эстеп жыт чыгара жүр.
АЯЛ. Коюңузчу энеке, жаман сөзүңүздү.
КЕМПИР. (Кейий) Ай, кагылайын кызым, ай, жаман сөз эле болуп калса, эмне... Кайыр — кош, кызым (илкий басып кетти, ырын ырдап).

БЕШИНЧИ САХНА

Чөл. Моңголдордун кошуну. Догулаңдын чатыры. Түн ортосу болуп калган. Коломтонун бүлбүл жарыгында Догулаң сайма сайып олтурду. Жанында ар кайсы менен алек болгон Алтын. Колу саймада болгон менен, ою башкада болчу. Улам-улам кулагын түрүп сырт тарапты тыңшап коёт.
ДОГУЛАҢ. (Тынчы кете) Алтын, бүгүн да келбей калабы? Карегим тешилмей болду го.
АЛТЫН. Келет. Бошонуп чыга албай атса керек.
(Аңгыча сырттан бирөөнүн дабышы угулду).
Мына, айтпадым беле!.. Келди!.. (Эшикке атып чыкты да, кайра баш бакты) Келиптир!.. Эч ким жок, кире бер деп айтып коёюн да атын карап турайын. (Ошо бойдон эшикке чыгып кетти.
Бир пастан соң сырттан Эрдене кирип келди. Эки ашык бири-бирин сыга кучакташып, көпкө чейин аймашып атышты).
ЭРДЕНЕ. Сагындым, жаным сени!
ДОГУЛАҢ. Мен да аябай сагындым! Ушул үч күн үч жылдай болду, мага. Кусалыктан өлүп кала таштадым.
ЭРДЕНЕ. Мен дагы, жаным! Карааның көзүмдөн учуп, ичкеним ирим, жегеним желим болуп атты.
ДОГУЛАҢ. (Жароокер) Эмне мынча күттүрдүң?
ЭРДЕНЕ. (Догулаңдын чачынан сылап) Чөлдөгү бир эл козголоң чыгарган экен, ошолорду басып келгиле деп жиберишпедиби, бизди.
ДОГУЛАҢ.(Аяй) Кудай жаныңды сактаса экен.
ЭРДЕНЕ. (Догулаңдын ичин сылай) Кантип атат?
ДОГУЛАҢ. (Наздана) Туйлап атат, тим эле, сенин келбей атканыңды билген немече. “Атама эмне болду?” деп атты окшойт.
ЭРДЕНЕ. Мына, атасы, келбедиби. Билип атабы, ыя?
ДОГУЛАҢ. (Жароокерлене) Билип атат. Карачы, карачы, тээп-тээп ийди.
ЭРДЕНЕ. (Чечекейи чеч боло сүйүнүп) Чын эле, алаканга тепти мени! Мына, мына, дагы тепти!..
ДОГУЛАҢ. Теп дагы. Дагы теп. “Мындан кийин минтип кечикпей жүр, ата” де. (Кытылдап күлдү).
ЭРДЕНЕ. Кечикпейин дегенде эки көзүм төрт. Эрким өзүмдө болсо жаныңардан бир карыш жылбас элем.
ДОГУЛАҢ. (Күлүп) “Биз сага таарынбайбыз, ата. Биле-ебиз” де.
ЭРДЕНЕ. (Догулаңды кучактап) Таарынбагылачы, жаным!
(Кичине паузадан кийин)
Догулаң.
ДОГУЛАҢ. И-и?
ЭРДЕНЕ. Мен бүгүн кагандын жардыгын дагы бир жолу буздум.
ДОГУЛАҢ. Кантип?
ЭРДЕНЕ. Козголоңчулардын башчысынын аялын өлтүрбөй коё берип ийдим.
ДОГУЛАҢ. И-ий, кокуй!..
ЭРДЕНЕ. (Ойго бата) Боюнда бар экен. Курсагы так сеникиндей болуп төмпөйүп туруптур.
ДОГУЛАҢ. Анан?
ЭРДЕНЕ. Анан, кылычымды көтөрөөрүн көтөрүп алып, колум уюп калган немедей болуп таакыр шилтенбей койду. Эмне эккенин билбейм, өз колума өзүм алым жетпей...
ДОГУЛАҢ. Аягансың го, байкушту.
ЭРДЕНЕ. Билбейм... Карасам анын оордуна сен турупсуң, маңдайымда, ак булутка оронуп.
ДОГУЛАҢ. И-и?..
ЭРДЕНЕ. Чочуп кетипмин. Ошондон колум катып калды окшойт. “Кудай сакта” деп, көзүмдү ачып-жуумп ийдим. Кылычым колумдан түшүп жерге барып сайынганда гана эсиме келген экемин. Тиги аял коёндой болуп бүрүшүп, мени тиктеп өң-алеттен кетип туруптур.
ДОГУЛАҢ. (Аяй) Алда байкуш, ай!..
ЭРДЕНЕ. Ошо бойдон кое берип жибердим.
ДОГУЛАҢ. Эч ким билген жокпу, аныңды?
ЭРДЕНЕ. Жок.
ДОГУЛАҢ. Анда ырас кылыпсың, жаным! (Эрденени кучактап, бети-башынан өпкүлөп, эркелеп ийди).
ЭРДЕНЕ. (Ойлуу) Кокус дагы бир жолу ушундай окуя болсо, башым кетет болуш керек, сөзсүз.
ДОГУЛАҢ. Койчу жаным, антип айтпачы!
ЭРДЕНЕ. Чын, айтам. Өзүм сезип атам, мындан ары боюнда бар аял түгүл, дегеле аял менен бала аттуга колумду көтөрө албасымды. А душманга ырайым кылгандарды каган эч качан маңдайынан сылабайт. Алмадай гана үзүп коейт, башыңды.
ДОГУЛАҢ. (Кабатыр боло) Анан эмне кыласың?
ЭРДЕНЕ. Башка түшкөндү көрө жатам да.
ДОГУЛАҢ. (Кабатыр болгону жасылбай) Өзүңдү сакта, жаным. Сен бизге керексиң. Мага керексиң, анан мобу тентегиңе керексиң. (Томпойгон курсагын акырын сылап койду, кыялдана) Үчөөбүз, Алтын төртөөбүз эч ким көрбөгөн, эч ким билбеген, киши таап бара албаган кулак угуп, көз көргүз жакта жашап калсак эмне, ээ. Өз оокатыбызды өзүбүз кылып, тиричилигибизди өткөрүп жүрө берет элек.
ЭРДЕНЕ. (Улутунуп) Атаңдын көрү десең...
ДОГУЛАҢ. Мен ошондой күндү аябай сагындым! Сенчи?
ЭРДЕНЕ. Андай күндү ким сагынбасын.
ДОГУЛАҢ. Эмне үчүн өз эркибиз өз колубузда, өз жашообуз өзүбүзгө таандык эмес, жаным?
ЭРДЕНЕ. Кудай ошентип маңдайыбызга жазып койсо керек.
(Пауза)  
ДОГУЛАҢ. Бизге башка нерсенин кереги жок эле, өз тагдырыбыз өз колубузда болсо. (Кыялдана) Мен сага төрөп бере берет элем, төрөп бере берет элем... Үйүбүз шар аккан суунун боюнда болсо. Суунун жээгин бойлоп мажүрүм талдар өсүп турса.
ЭРДЕНЕ. Мажүрүм тал дейсиңби?
ДОГУЛАҢ. Ооба. (Наздана, эркелей) Эстедиңби?
ЭРДЕНЕ. Эстедим.
ДОГУЛАҢ. (Паузадан кийин, кусалуу) Жараткан бизге кандай кереметтүү күндөрдү берди, ошондо! (Эркелей) Ошол күндөрдүн күбөсү ушул да, жаным! (Ичин сылап койду).
(Шыбырай) Алтын айтып атат, көз жараарыма аз калыптыр.
ЭРДЕНЕ. (Кубанып) Болсун жаным, болсун. Тезирээк эле төрөсөң экен.
ДОГУЛАҢ. (Кабатыр боло) Мен төрөгөндөн кийин кантебиз?
ЭРДЕНЕ. Эмнени айтып атасың?
ДОГУЛАҢ. Кагандын жардыгын айтып атам. (Ойлуу) Бала төрөлгөндөн кийин аны эч жакка ката албайсың да. Боюңда барда минтип оронуп-чулганып алсаң, эч ким билбей калат экен. А бала төрөлөөр замат эле баркырап ыйлай баштайт. Айлана — тегерегиңдегилердин баары угат. Анан бирине бири айтып олтуруп каганга жетет. Каганга жетти дегиче, менин да ажалым жетти дей бер.
ЭДЕНЕ. Угузбачы, андай сөзүңдү!
ДОГУЛАҢ. (Көзүнө жаш алып) Башкача болушу мүмкүн эмес, жаным. Ошондо артымда калган ымыркайымды, анан сени бир кудайга тапшырам.
ЭРДЕНЕ. (Айласы куруп) Антип айтпа, антип айтпа!..
ДОГУЛАҢ. Жок, жаным. Айтпаска чарам жок. Жазып-тайып ошондой болуп калса, эч жанга билгизбей балаңа көз кырыңды салып, бооруңа жакын кылып өстүрүп ал. Бирок, атасы экениңди билбегендей болсун! Билишсе башың кетет.
ЭРДЕНЕ. Эмне деп атасың, Догулаң?!
ДОГУЛАҢ. (Көзүнөн жаш чууруп) Мен, баарына даярмын, жаным. Сени эч качан сатпаймын!
ЭРДЕНЕ. Догулаң!..
ДОГУЛАҢ. (Өпкө-өпкөсүнө батпай) Өз сырым өз башым менен кетет!
ЭРДЕНЕ. Догулаң!..
ДОГУЛАҢ. (Ый аралаш) Мен сени акыретке чейин сүйөм, жаным!
ЭРДЕНЕ. (Кучактап) Мен дагы, жаным!
ДОГУЛАҢ. (Жаш аралаш) Жараткандын ушунусуна миң мертебе ыраазымын — экөөбүзгө сүйүү энчилеген. Сени менен өткөргөн ажайып күндөрүмө ыраазымын! Жаным денемден чыгып баратканда көз алдымда сенин ысык ээрдиң, сенин эркектик жытың, сен мага тартуу кылган кереметтүү көз ирмемдер, сени зарыгып, куса болуп күткөнүм, анан сен мага тартуу кылган ымыркайым карегимде турат болуш керек.
ЭРДЕНЕ. Догулаң!.. Догулаң!.. Антип айтпачы! Тирүү жанбыз го, бир айласын табабыз.
ДОГУЛАҢ. Кантип?
ЭРНДЕНЕ. Билбейм, жаным, билбейм... (Догулаңды бооруна кыса кучактады).

 

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

АЛТЫНЧЫ САХНА

Түн ортосу. Догулаңдын чатыры. Чатырдын чок ортосунда, коломтонун боюнда, бүлбүлдөгөн оттун жарыгында, алабаканга карыша асылып, чачтары жайылган, кетпеген жеринен тер кеткен, ээрдин кесе тиштеген Догулаң толгоо тартып, кыйналып жатты. Жанында Алтын.
АЛТЫН. (Чебелектеп) Чыда, аз калды! Чыда! Үнүңдү чыгара көрбө, көлөкөм! (Өзүнчө) Алда байкушум, ай!
ДОГУЛАҢ. (Тиштене онтоп) Өлүп баратам! Жаным өзүмдүкү эмес!
АЛТЫН. (Чебелектеп) Ошондой болот, көлөкөм! Ошондой болот! Эптеп чыда!
ДОГОЛОҢ. (Тиштене онтоп) Өлүп калам го!.. Өлүп калам го!
АЛТЫН. (Чебелектеп) Өлбөйсүң! Өлбөйсүң! Эмне кылсаң да чыда, көлөкөм! Эч ким укпасын!
ДОГУЛАҢ. (Тиштене онтоп) Чыдайын! Чыдайын! Өлсөм да чыдайын! Эч кимге угузбайын!
АЛТЫН. (Чебелектеп) Ошент, ошент, көлөкөм!..
(Аңгыча алыстан иттер ажылдап үрүп ийишти. Алтындын жүрөгү оозуна тыгылып) Бирөө келатат! (Коломтодогу бүлбүлдөгөн жарыкты чапаны менен думбалап өчүрүп ийди. Айлананын көзгө сайса көрүнгүс көөдөй караңгылык каптап, чатырдын ичиндеги караандар айдын шооласында үрүл-бүрүл гана көрүнүп калышты. Сыртта болсо иттердин ажылдап ургөнү гана угулат. Бир аздан соң Догулаңдын катуу онтогону, анан думуга чыккан наристенин үнү үзүл-кесил угула түшүп, кайра жок болуп кетти).
ДОГУЛАҢ. (Шыбырай) Аманбы?!
АЛТЫН. (Шыбырай) Аман! Аман!
ДОГУЛАҢ. (Шыбырай) Ким экен?
АЛТЫН. (Шыбырай Уул!.. Уул экен!
ДОГУЛАҢ. (Катуу үшкүрүндү, шыбырай) О-о, жараткан!.. Ыраазымын!
(Аңгыча чатырдын эшиги ачылып, бир караан кирди).
АЛТЫН. (Үрөйү уча) Бул ким?! (Будалап баланы ката салды).
КЕМПИР. Чочубагыла. Эч кимге залалы жок карыпмын, жер кесип жүргөн. Отуңарды жагып койгулачы.
АЛТЫН. (Чочулаганы жасылбай) От жакканга болбойт, энеке.
КЕМПИР. Коркпой эле койгула. Мен душман эмесмин. Чатырыңардын айланасы да ээн экен.
(Алтын отту тутантты. Бүлбүлдөгөн оттун жарыгы сырттан кирген кемпирдин жүзүнө түштү).
АЛТЫН. (Бүшүркөп) Мен сизди көргөнмүн, бир жерден.
КЕМПИР. Мен сыяктуу каңгып жүргөн кемпирди көрсөң көргөндүрсүң кызым. Ач, тиги ороо-чулгооңду, алып чык каткан жериңден, баланы бөөдө думуктуруп коёсуң.
(Алтын эмне кылаарын билбей туруп калды).
Менден коркпо, кызым. Мен силерге жамандык кылбаймын. Мен каганыңардан жабыр тарткан элден болом. Көкүрөгүмдө кетпес көк, көөдөнүмдө өчпөс өч бар, каганга. (Алтын ката салган жеринен наристени алып чыкты. Кемпир баланын ороосун акырын ачып көрүп) Көзүн жылтыраткан, чырагым, ай, көзүн жылтыраткан, сен эмнени билесиң. (Каңырыгы түтөп, койнунан куу далы алып чыкты) Ачык айтып ак сүйлө!
АЛТЫН. Көзү ачыксызбы, энеке?
КЕМПИР. ( Башын ийкеп) И-и... андай жайым бар. Куу далы ача коём, ушинтип. (Куу далысын көпкө тиктеп калды).
АЛТЫН. Далыңыз эмне деп атат, энеке?
КЕМПИР. Далы эмне демек эле, айтчусун айтып, дээрин дейт да. (Куу далысын тиктеп туруп, Алтынга) Апапакай эле токумдай булутка чулганып турасың. 
АЛТЫН. Ак булутка дейсизби?
КЕМПИР. Ооба. (Куу далысын тиктеп) Токумдай болгон ак булут экен. Өзүң көрбөйт экенсиң кызым. Бирок, бир учурда токумдай болгон ак булут төбөңө келип айланат экен. Белги берет экен. Ошондо көрөт экенсиң, өзүң.
АЛТЫН. (Ого бетер таң калып) Энеке, ак булут мени коштоп жүргүдөй сыймыгы башынан ашкан, атак-даңктуу киши болсом экен. Андай касиет улуу каган сыяктуу адамдарга жарашаар. Ансыз да улуу каганды ак булут коштоп жүрөт экен деп айтышат ко, билгендер.
КЕМПИР. Коштоп жүргөнү чын. Бирок, жакында каганыңардын башынан сыймыгы качат. Бир мыкаачылыгы үчүн ак булут аны таштап кетет. 
АЛТЫН. (Ишенээр — ишенбесин билбей) Ошол ак булут менин төбөмө келеби, анан?
КЕМПИР. Ооба.
АЛТЫН. Коюңузчу, энеке! Каардуу кагандын булуту кантип мага өтсүн?!.
КЕМПИР. Каганың каруусуна чейин канга баткан киши. Канчалаган элдердин тукумун курут кылган киши. Колу кандуулардын кайсы касиети үчүн ак булут төбөсүндө айланып туруш керек экен. А сенин жөнүң башка, кызым. Жүрөгүңө мээрим толгон жан экенсиң. Карачы, эне мээримиң тим эле чекеңен төгүлүп атат. Жакшы киши экенсиң, өтө жакшы киши экенсиң, балам.
АЛТЫН. (Улутуна) Ушунча жашка келип жатыным куурап карыгынга чейин карадалы кыз бойдон калсам, эркек жытын билип, согончогум канабаса, мен бейбакта кайсы энелик мээрим болмок эле, энеке.
КЕМПИР. Антип тагдырыңа акаарат келтирбе, кызым. (Куу далысын тиктеп) Капырай, мойнуңа бирөө аманат берип атат да.
АЛТЫН. “Аманат” дейсизби, энеке? Ал эмне болгон аманат экен? 
КЕМПИР. Аны ошондо, башыңа келгенде, учурунда билет экенсиң, кызым.
ДОГУЛАҢ. (Акырын үнүн чыгарды) Энеке, мага да ачып бериңизчи, куу далыңызды.
КЕМПИР. (Ойлуу, маанайы пас) Ачып атам, кызым, ачып атам сага дагы.
ДОГУЛАҢ. (Чыдамы кете) Айтсаңыз, энеке, айтсаңыз.
КЕМПИР. (Тарткынчактай түштү) Айтсам... Кокту — колоту көп, бак — шактуу жерден жолугушкан экенсиң, адегенде, ымыркайыңдын атасына.
ДОГУЛАҢ. Аныңыз чын, энеке.
КЕМПИР. (Каңырыгы түтөй) Ошондо эле кол кармашып качып кетсеңер болмок экен, балалык кылыптырсыңар да. Болбосо эли топураган шаарларды басып өткөн экенсиңер, анда деле качып кетсеңер болмок экен.
ДОГУЛАҢ. Анда андай нерсе үч уктаса түшүбүзгө кирчү эмес, энеке.
КЕМПИР. Балалыгыңар деп атканым ошо.
ДОГУЛАҢ. (Кооптоно) Энеке, биздин тагдырыбыз эмне болот экен?
КЕМПИР. (Бир кыйлага чейин тунжурай, куу далысын тиктеп олтурду, анан) Алдыңарда туңгуюк турат.
ДОГУЛАҢ. (Аргасы түгөнө) Жылчык жокпу, энеке?
КЕМПИР. (Үшкүрүп) Бар, кызым, бар...
ДОГУЛАҢ. (Үмүттөнө) Ал эмне экен, энеке?
КЕМПИР. (Ойго бата) Ал — үмүт, кызым.
ДОГУЛАҢ. Үмүт дейсизби?
КЕМПИР. Ооба, кызым. Үмүтсүз шайтан гана жашайт. Калган жандын баарында үмүт бар. Үмүт кээде адамды шердентет. Үмүт кээде караңгы да жол табат. Үмүт кээде туңгуюктан да чыгарат. Үмүтүңөрдү үзбөгүлө. (Өзүнчө күбүрөнүп) Катыгүн, ай, талпагы эмне жайылып турат, ташка?!
ДОГУЛАҢ. Эмне дедиңиз, энеке?
КЕМПИР. Өзүмчө эле... Оозума келгенди эле дөөдүрөп алдым окшойт. (Оордунан туруп) Бабырап олтуруп калганымды карачы. Кой, кетейин мен. (Эшикти көздөй кадам таштады. Босого жете берип артына кылчайды) Эсиме жара чыккырдыкы, ий. Атайы келип айтпай кетип баратканымды кара. Ымыркайыңдын атасы Эрдене эмеспи? (Догулаңга кайрылды).
ДОГУЛАҢ. Ооба, энеке. (Жүрөгү түшө) Бир нерсе болдубу, ага?!
КЕМПИР. (Жайгара) Үрпөңдөбө, кызым, үрпөңдөбө. Эрденең аман-эсен. Айтаарым башка. Ээн талаада келатып өзүңө окшоп төрөгөн аялды көрдүм, кечээ жакында. Эрденең жанын соогатка калтырып кетиптир, ал аялдын.
ДОГУЛАҢ. (Кубанып кетти) Айтканыңыз чынбы, энеке?
КЕМПИР. Чын, кызым, чын.
ДОГУЛАҢ. (Кубанып) И-ий, ырас болгон турбайбы!
КЕМПИР. (Догулаңды) Жакшылык жерде калчу эмес эле, кызым... (Чыгып кетти).
АЛТЫН. (Баятан ымыркайды сооротуп аткан. Наристенин бетин коломтонун жарыгына тосуп) Мына, уулуң.
ДОГУЛАҢ. (Ичи элжирей) Кимге окшош экен?
АЛТЫН. Атасына. (Улутунуп койду).
ДОГУЛАҢ. (Кулак түрө) Атасы эмне кечикти? Үч күндөн бери кабары жок.
АЛТЫН. Келип калаар. Уулун көрсө эмне болоор экен. Аябай сүйүнөт ко! (Ымыркайды Догулаңга берип). Дагы карап келейин. Балким, келип күтүп тургандыр. (Сыртка чыгып кетти).
ДОГУЛАҢ. (Ымыркайына) Атаң келет, атаң келет. (Кыйлага созулган пауза. Аңгыча алыстан иттер ажылдап үрүп ийишти. Догулаң кулак түрө сестене калды).
Капырай, иттер эле эмне мынча ажылдап калышкан, бүгүн?
(Ошол учурда сырттан шашкалактап Эрдене кирип келди. Дароо келип Догулаңдын жүзүнөн сүйдү).
ЭРДЕНЕ. Кандайсың, жаным?
ДОГУЛАҢ. (Наздана) Жакшымын, жаным, жакшымын.
ЭРДЕНЕ. Баарын Алтындан угуп, жеткиче шаштым. Кыйналдыңбы, аябай, жаным?
ДОГУЛАҢ. Кыйналдым. Бирок, азыр баарын унутуп койдум, уулубузду көрүп. Тим эле эмчегимди үзүп салчудай болуп чопулдатып ээмп атат. Сени тартып, аябай күчтүү болот окшойт. Алтын айтты, сага аябай окшош экен деп.
ЭРДЕНЕ. Көрсөтчү, жаным, уулумду?
(Догулаң эки жагын аярлап тыңшай, баланын бетиндеги чүмбөттү ачып Эрденеге көрсөттү).
ДОГУЛАҢ. Окшош бекен, өзүңө?
ЭРДЕНЕ. (Кубанычы ашып-ташып) Ооба, жаным! Бирок, сага да окшош экен!
ДОГУЛАҢ. (Назик) Бул биздин кусалыктан, махабат кусалыгынан туулган бала да. Ошон үчүн экөөбүзгө тең окшош болсо керек.
ЭРДЕНЕ. Туура айтасың, жаным, бул биздин махабат кусалыгынан туулган бала! Экөөбүздүн каныбыздан, жаныбыздан жаралган!
(Кичине паузадан кийин). 
Жаным, эми уулубуз төрөлгөндөн кийин биз анын тагдырын ойлошубуз керек. Мындан ары биз дайыма бирге болушубуз керек.
ДОГУЛАҢ. (Аяр) Уулуңа ат кой коё элексиң го, жаным.
ЭРДЕНЕ. Уулубуздун аты Кунан болсун! Кандай дейсиң?
ДОГУЛАҢ. Кунан?!
ЭРДЕНЕ. Ооба.
ДОГУЛАҢ. Аябай жакшы ат экен! Кунан деген жаш аргымак да.
ЭРДЕНЕ. Туулгандан кийин үч жыл болуп күчүнө толуп, баралына келип калган жылкыны кунан дейт, жаным.
ДОГУЛАҢ. Билем жаным, билем. (Наристесине ичи элжирей) Атаң сага ат койду, укчу.
ЭРДЕНЕ. (Толкундана уулун тиктеп) Атың Кунан болду, балам! Уктуңбу? Мындан ары сен Кунансың.
(Эки ашык бири-бирин аймалашып калышты. Кичине паузадан соң) Догулаң, жаным, эми мындан ары сага кошунда калууга болбойт. Бала бар. Өзүң айтчу эмес белең, төрөгөндөн кийин кантем, деп.
ДОГУЛАҢ. И-и?..
ЭРДЕМЕ. Тезирээк качышыбыз керек.
ДОГУЛАҢ. Качабызбы?
ЭРДЕНЕ. Ооба. Канчалык тез качсак, ошончолук жакшы.
ДОГУЛАҢ. Сен кантип качасың, Эрдене?! Оң түмөндүн жүз башысы болсоң!
ЭРДЕНЕ. Мен аябай ойлондум, жаным. Качсак, чогуу качабыз.
ДОГУЛАҢ. Кагандан каякка качып кутуласың, Эрдене?! Башың кетет! Кой, катыгүн антпе! Андан көрө бизди, уулум экөөбүздү эптеп качырып ий, колуңдан келсе. Ансыз да экөөбүз тууралуу эч ким билбейт. А биз, Кунан экөөбүз эптеп жан сактаарбыз. (Көзүнөн жаш кетти) Тагдыр буюрса жолугаарбыз, буюрбаса экөөбүз эки жакта калаарбыз, жаным, Күкүк менен Зейнептей болуп, сен өзүңдүн кусаң менен, мен өзүмдүн кусам менен... Арманда жүрүп өтөөрбүз. Кунанды “сенин атаң Эрдене болчу” деп өстүрөөрмүн. Аман жүрсөң болду, жаным. Ушундай ажайып сезим тартуулаган, жараткандын ушунусуна да ыраазымын! (Көзүнөн жаш буурчактап кетип атты).
ЭРДЕНЕ. (Догулаңды чекесинен сылап) Жок, жаным. Мен силер үчүн — сен үчүн, Кунан үчүн баарына кайылмын. Бул дүйнөдө мен үчүн силерден кымбат эч ким жок. Качсак, чогуу качабыз. Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир жерде болобуз. (Ойлуу) Догулаң, мен мурда өлүмдөн сестенбеген, эми сестенмек белем, өлүмдөн. Түбөлүк сенин жаныңда болгум келет! Уулумду өстүргүм келет!.. Ошон үчүн качамын. Билем, кокус кагандын колуна тийсем башым алмадай үзүлөөрүн.
ДОГУЛАҢ. (Тамагы буулуп) Антип айтпа, жаным, антип айтпа! Сен жашашың керек! Уулуң үчүн жашашың керек! (Кичине паузадан соң) Жаным, айтчы, кокус билинип колго түшүп калып, мени өлүм жазасына тартышса, уулуң экөөңдү тирүү коюшабы?
ЭРДЕНЕ. Ал эмне дегениң, Догулаң?!
ДОГУЛАҢ. (Тамагы буула) Менин акыркы демим чыгып баратканда да сенден төрөгөнүмдү эч кимге айтпаймын жаным. Мен сени сатпаймын!
ЭРДЕНЕ. Догулаң?!. Антип мени кемсинтпе, жаным!
ДОГУЛАҢ. Антип ойлогон жокмун, жаным! Мен өлсөм да, уулуң экөөң тирүү калсаң экен деп атпайымбы!
ЭРДЕНЕ. Андай болбойт! Биз дайыма бирге болобуз!
ДОГУЛАҢ. Бирге болгонго не жетсин! Бирок...
ЭРДЕНЕ. Андай жаман оюңду кой, жаным! Андан көрө айтчы, атка минип алыс жолго чыкканга чыдай аласыңбы?
ДОГУЛАҢ. Чыдайм. Сен эмне десең, мен баарына макулмун, жаным. Экөөбүз бирге болсок эле болду. Кантип качабыз? Эки башкабы?
ЭРДЕНЕ. Жок. Бирге качабыз. Алтын биз менен кошо качат. Жана келатып аны менен да сүйлөшүп койдум. Чогуу качпасак, кокус куугун келип калса, ким коргойт, силерди, мен коргобосом.
ДОГУЛАҢ. (Жашын сүртүп) Качан качабыз?
ЭРДЕНЕ. Эртеңки түнү.
ДОГУЛАҢ. Эртең элеби?
ЭРДЕНЕ. Ооба. Эки күндөн кийин колубуз Жайык суусунун жээгине чыгат экен. Эртең качсак, Жайыкты кечип, жогору өрдөп, аттарды сүздүрүп олтуруп из жашырып кетебиз. Терең сууда ат жакшы сүзөт. Анын үстүнө Жайык өтө жай агат.
ДОГУЛАҢ. Жайык дейсиңби?
ЭРДЕНЕ. Эсиңдеби, мен сага айтып бербедим беле. Менин балалыгым Жайыктын жээгинде өткөн да. Мен Жайыктык эмесминби.
ДОГУЛАҢ. Эсимде. Бир ыр ырдап бердедиң беле, ушу кезге чейин унутпай жүрөм. Сүйгөнүнөн ажыратып койгондо Жайыкка чөгүп өлгөн кыздын ыры деп.
ЭРДЕНЕ. Эл ичинде жүргөн эски ыр да.
ДОГУЛАҢ. Жаным, ошондон бери мен бир сайма сайгым келип жүрөт.
ЭРДЕНЕ. Эмне сайма?
ДОГУЛАҢ. Ак жибектин бетинде суунун толкундары, тегерегинде куштар, көпөлөктөр, гүлдөр, анан токумдай ак булутка окшогон кыздын ак жоолугу.
ЭРДЕНЕ. (Оюна түшүнүп) А кызчы?
ДОГУЛАҢ. Кыз жок. Ал күйүткө чыдабай чөгүп кеткен. Суунун үстүндө анын армандуу ыры гана калган, ак булутка айланып.
ЭРДЕНЕ. Мыкты сайма болот экен, аның, жаным. Эки күндөн кийин, буюрса, сен ошол кыз чөккөн Жайыкты көрөсүң. (Кичине паузадан кийин) Жаным, эртеңки түнгө даяр турушуң керек. Бүгүн деле сени өзүм менен кошо ала чыксам болот эле. Бирок, кокту — колоту жок, түптүз талаада бизди эч ким узатпайт.
(Бала чукуранып ийди).
ДОГУЛАҢ. Карачы, бала да бир нерсени билип атат окшойт.
ЭРДЕНЕ. Билет, жаным, билет. Берчи, жаным, мен да бир колума алып көрөйүн.
(Догулаң баланы Эрденеге берди. Эрдене баласын адегенде бооруна бекем кысты да, анан көкөлөтө көтөрдү. Жүзү бакытка толуп) Карачы, жаным, карачы, бул экөөбүздүн жүрөгүбүз да.
ДОГУЛАҢ. (Башын Эрдененин төшүнө жөлөп) Кандай күнгө туш келээр экенбиз?
(Узакка созулган пауза).

ЖЕТИНЧИ САХНА

Эртеси кечинде. Моңголдордун кошуну. Аттын кошкурганы угулду, бир аздан кийин эки жагын элеңдей караган Эрдене, шырп алдырбай басып келип, колун оозуна такап Догулаңдын чатырын көздөй үн салды.
ЭРДЕНЕ. (Акырын) Алтын!.. Алтын!.. (Жооп болгон жок. Кулагын түрүп тыңшап калды). Алтын, дейм!.. Алтын!.. (Кичине паузадан соң) Буларга эмне болгон? Күтүп турушмак эмес беле?
(Аңгыча чатыр тараптан чуу чыгып калды. Эрдене артына жалт бурулуп, обочодо турган аттарын көздөй ыкчамдай басты да, далдоого жашынып, Догулаңдын чатырын көздөй тынчсыздана көз жүгүртүп калды. Чатырдын ичинен эки жасоол Догулаңды дегдеңдетип жетелеп чыгышты. Чачтары саксайып, кийминин ар кайсы жерлери тытылган Догулаң, кичинекей наристесин бооруна бекем кысып алган).
БИРИНЧИ ЖАСООЛ. Айтасыңбы, жокпу, шерменде, кимден туудуң?!
(Догулаң лам этип үн чыгарган жок).
Кимден туудуң деп атам?! Сүйлө! Дудук болуп калдыңбы, ыя?! (Камчы менен жон талаштыра бир салды, Догулаңды. Жаш келин кайкалай түшүп, ээрдин кырча тиштеп, Жүзү кубара онтоп алды да, дагы эле лам этип үн чыгарган жок).
ЭКИНЧИ ЖАСООЛ. (Ызырына) Турганын кара, мелтейип! Эй, катын, тилиң кесилип калдыбы, ыя?! Сүйлөбөйсүңбү?! (Кичине паузадан кийин) Сүйлөгүң келбейби? Шашпа, жонуңдан кайыш тилгенде, ошондо безилдейсиң!
(Биринчи жасоол чатырга шарт кирип кетти да, кайра Алтындын чачтан сүйрөп чыкты).
БИРИНЧИ ЖАСООЛ. (Алтынды жерге жапшыра түртүп) Бул бетпагың кимден боозуду эле?! (Тап берди).
АЛТЫН. (Бетин калкалап) Мен каяктан билейин! Чогуу жатып жүрүптүрмүнбү?!
ЭКИНЧИ ЖАСООЛ. (Ызырынып) Карасаң, карасаң, тибиреп атканын! Эй, көзүң соолугур, сени эмнеге күң кылып берди эле, ыя, мобу шермендеге?!. Бул шерменденин ар бир кадамына көз салышың керек болчу, билсең! Каякты карап жүрдүң, сен?!
АЛТЫН. Мени эчким сакчы койгон эмес, кызмат кылсын деп жумшап берген!
ЭКИНЧИ ЖАСООЛ. (Тап берип) Карачы, карачы тилин тартпай тибиреп турганын! Сен дагы табакташсың да, мобу бетпак менен! (Алтынды жон талаштыра камчы менен бир салды).
АЛТЫН. (Кыйкырып бейжаланып) Кайсы жазыгым үчүн сабап атасыңар, мени?! Кайсы жазыгым үчүн?!
БИРИНЧИ ЖАСООЛ. Жашырып, айтпай атканың үчүн!
АЛТЫН. Эмнени айтам, эч нерсенсин билбесем! Тогуз ай мурун ким менен жатып, ким менен койгонун ким билиптир!
БИРИНЧИ ЖАСООЛ. (Догулаңды алдыга түртүп) А сен бас! Шерменде, бас! Эртең мойнуңа сыйыртмак салынганда — ошондо көрөбүз, айтпаганыңды!..
АЛТЫН. (Чыркырап ортого түшө калды. Жалынып-жалбарып ийди) Кечээ эле баарыңардын тууңарга сайма сайып берип жүрчү эмес беле?! Силерге эмне жамандык кылды?! Төрөсө төрөп алыптыр, анын эмнеси жаман?! Баарыңар эле энеден төрөлбөдүңөр беле?!
ЭКИНЧИ ЖАСООЛ. (Ызырына) Эй, мээси жок, катын, кагандын жардыгын бузгандан көрө, жатыныңардын куурап түшүп калганы жакшы эмеспи! (Желкеден алып, деңдеңдете сүйрөп жөнөдү.
Эки жасоол эки аялды сүйрөгөн боюнча кошунду аралап, түнгө сиңип кетишти).
ЭРДЕНЕ. (Чекесинен тер чыпылдап) Догулаң!!. Куланым!!. (Чөк түшө калып муштуму менен жерди койгулап ийди. Көзүнөн он талаа болуп жаш кетип атты).

СЕГИЗИНЧИ САХНА

Күн бүркөө болчу. Добулбастар жүрөктүн үшүн ала дүңгүрөшүп, ээн талаанын үстүндө бир жамандыктын жышааны келип турду. Тээ, обочодогу дөңсөөдө кагандын чатыры тигилип, анын алдындагы такта улуу каган өзү олтурган. Бирок, бүркөө күндө кагандын жүзү көрүнбөй, сөлөкөтүн гана айырмалоого мүмкүн эле. Кагандын эки тарабында найзалардын гана учтары кылкылдайт. Колуна тийсе кескилеп жээгө даяр турган элдин, айрыкча аялдардын жапайы, ачуу, табалуу үнү гана угулуп атты).
ҮНДӨР: — Келетат! Келатат!
— Шерменде! Жүзү кара!
— Келатканын кара, уялбай , маңкайып!
— Мындай уятсызды кескилеп өлтүрүш керек!
— Таш бараңга алыш керек!
— Ушундай бети жоктор бузат, элди!
— Ыймансыз!
— Асып ташташ керек!
— Керип өлтүрүш керек!
— Сооп! Чала!
— Ушуну көрмөксүң!
— Өлүп кал! Өлүп кал!
— Эл бузаар! Журт бузаар!
(Аңгыча кагандын жанынан бир караан бөлүнүп чыгып дуулдап аткан элди көздөй басып келди. Ал улуу кагандын нойондорунун бири Арасан болчу. Арасан ишаарат кылып элдин дуусун токтотту).
АРАСАН. Азыр, улуу кагандын өкүмүн айтылат. 
(Эл бир кишидей дымып калды. Кичине паузадан кийин, салтанаттуу үн менен) Улуу кагандын жардыгын бузуп, жашыруун төрөп алганы үчүн уяты жок, шерменде атан төөнүн өркөчүнө асып өлтүрүлөт!
(Эл кайра бир кишидей дуу этти).
ҮНДӨР: — Туптуура! Туптуура!
— Акылман жардык!
— Жашасын биздин, акылман каган!
— Даанышман каган!
— Ыраазыбыз улуу каганга!
— Эл бузаарлар, өлсүн!
— Журт бузаарлар өлсүн!
(Элдин арасынан экөө — бир аял, бир эркек ортого чыга калышып, жинди бийди тир укмуштай жиниге бийлеп киришити. Бул бий улуу каганга ыраазычылыктын бийи болчу. Бийге улам бирден киши кошулуп, топураган толгон элге айланып, чардап атышты.
Арасан обочо барып бийлеп аткандарды ыраазы боло карап турду.
Аңгыча, эки жасоол элдин ортосуна Догулаң менен Алтынды айдап киришити. Топурап, жинди бийдин кучагында бийлеп аткан эл, адеген булардын келип калганын байкаган жок. Бийин уланта берди. Эки жасоол да бийлеп аткандарга кошулуп кетишти).
ДОГУЛАҢ. (Алтындын колунан баланы алып, үнү каргылдана) Акыркы ирээт эмизип алайын!
АЛТЫН. (Көзүнөн жаш кетип) Антип айтпачы! Антип айтпачы!
ДОГУЛАҢ. (Баласын шаша эмизип атып, шыбырай) Тигини көргөн жоксуңбу?
АЛТЫН. (Жашын тыя албай) Жок! Кетип калса керек.
ДОГУЛАҢ. (Демиге) Кетип калса экен! Кетип калса экен! Жок дегенде ошону эч ким билбей калса экен! (Баласын эмизип бүтүп, жыттап-жыттап туруп Алтынга узатты) Мен өлсөм, ачкадан өлөөр, бу дагы. Эптеп өлгүчө көз салып тураарсың!
АЛТЫН. (Жашын тыя албай) Антип айтпачы, антип айтпачы! (Баланы колуна алды.
Аңгыча жайнаган элди жинди бийдин кучагына бөлөп аткан добулбастын үнү тып басылып, бий дароо тыйылды. Эл эки жакка тарап кетти. Ортодо Догулаң менен баланы көтөргөн Алтын, анан эки жасоол калды).
АРАСАН. (Эки жасоолго) Кергиле, мобу канчыкты! Тээтиги күңдү кууп жибергиле, нары жакка!
(Эки жасоол Алтынды бала менен кошо обочого түртүп ташташты. Догулаңды эки колунан эки жакка кере тартышты. Арасан Догулаңдын катарына басып келди).
АРАСАН. (Каардуу) Эй, канчык, дөбөтүң ким?! Айт!
(Догулаң үн дебеди. Эл дуу этип Арасанды коштоп кетти).
ҮНДӨР: -Дөбөтүң ким?!
— Айт!
— Айт, бузуку!
(Догулаң дагы эле лам деп үн чыгарбады).
ҮНДӨР: — Эмне карап турасыңар?!.
— Аспайсыңарбы, тезирээк, мындай канчыкты!..
— Болбосо, бизге бергиле, тытмалап өлтүрөлү!..
(Эл Догулаңды таш бараңга алып ийшти).
АРАСАН. (Өкүм үн менен) Токтогула! Баарыңар кулак салгыла! Кана, мобу шуркуяны кимиңер боозуттуңар эле?! Өз ыктыярыңар менен айткыла! Баары бир билип алабыз!
(Эл дымый түштү).
Эй, канчык, дөбөтүң ким деп атам, мен сага?!
(Догулаң үн каткан жок. Элге кайрылып) Мобу канчыктын дөбөтү ким, чыксын бери!
(Өлүү жымжырттык өкүм сүрдү. Анан бир аздан кийин, ар кайсы жактан биринен сала бири жарышып үн чыга баштады).
ҮНДӨР: — Биздин жүздүктө жок экен!
— Бизде дагы!
— Биздин жүздүктө жок экен!
— Бизде дагы !
— Биздин жүздүктө жок экен!
— Бизде дагы!..
(Үндөр токтогондон кийин Арасандын ачуусун келгенинен көздөрү канталап, Догулаңды демитти).
АРАСАН. Баары бир өлөсүң, байкуш. А тээтиги тууп алган күчүгүңдү күнүңө кошуп туруп ай-талаага таштап кетебиз Ачкадан өлүшөт! Анан тарпын жору-кузгундар чокуп кетет. Андан көрө айт, кимден боозудуң эле?!.
ДОГУЛАҢ. (Тиштене) Эсимде жок...
АРАСАН. (Титиреп-калчылдап) Боозуганды билген, боозуткан ким экенин билбей калдыңбы, ыя?!
ДОГУЛАҢ. (Дагы эле тиштенип) Билбейм...
АРАСАН. (Титиреп-калчылдап) Базарда жүргөндө бирөө баса калган экен да, анда, ээ?!
ДОГУЛАҢ. (Тикирейе) Ооба!.. 
(Эл дуу күлдү). 
АРАСАН. (Шылдыңдай) А-а, салп этек турбайсыңбы, ээ ?
(Эл дагы дуу күлүп ийди. Ошол учурда элдин арасынан Эрдене суурулуп чыга келди).
ЭРДЕНЕ. (Кумсарып) Баланын атасы мына, менмин!
ДОГУЛАҢ. (Бетин жаба калды) Ай!..
(Эл бир паста тып басылып, чымын учса угулчудай тынчтык өкүм сүрүп калды. Эрдене кумсара башын көтөрүп, адегенде Арасанга, анан элди кыдырата карады).
АРАСАН. (Мөөрөйү үстөм боло) И-и, сен экенсиң да, “баатыр”?!.
ЭРДЕНЕ. Ооба, менмин! Ал менин уулум! Аты -Кунан! Аялымдын аты Догулаң. А мен жүзбашы Эрденемин!
(Элдин арасында шыбыр кетти).
ШЫБЫР: — Жүз башы экен!
— Эрдене экен!
— Бул баатыр жигит болчу!
— Баатыр болсо эмне экен, бузуку да баары бир!
— Ошону айтсаң, кагандын жардыгын кайсы киши бузат, ыя?!
— Мындай журт бузаарды канчыгына кошуп туруп өлтүрүш керек!
— Өлтүрүш керек!
(Эрдене эч нерсеге көңүл бөлбөй, үстүндөгү жоокер кийимин чечип ыргытты да, акырын басып Догулаңга жетип, чөк түшө калып ашыгын кучактап ийди).
ЭРДЕНЕ. (Үнү каргылдана) Кечир, жаным, кечир!
(Догулаң Эрденени башынан сылап көзүнүн жашын тыя албай солуктап ыйлап атты. Элдин ичинен бир-эки аял бышактап ыйлап ийишти, анан корккондорунан апкаарып барып үндөрүн басып калды.
Ошол учурда добуластар адамдын үшүн ала күчөп урулуп, жасоолдор эки ашыктын мойунуна кыл сыйртмакты салышты да, тээтиги алыс жакта чөгүп жаткан, эки өркөчү типтик болуп көрүнгөн, улам бурк этип үн чыгарып коюп аткан төөнү көздөй жетелеп жөнөштү. Эки ашык кучакташкан бойдон өлүмгө кетип бартышты.
Бүт эл эки ашыкты узата карап дымып турушту. Элдин эң четинде гана ымыркай Кунанды кучагына бекем кыскан Алтын көз жашын тыя албай, боортоктоп жатып алып букулдап ыйлап атты).

ТОГУЗУНЧУ САХНА

Чак түш. Ээн талаа, эрме чөл. Ысык күн мээден өтүп, куйкалап аткан. Ээрди кеберсип, эс-мас болгон Алтын, жыгылып-туруп чөлдү кесип келатты. Колундагы бала какылдап ыйлагыдай болсо, кишинин сай-сөөгүнө жетет, тим эле.
АЛТЫН. (Бышактап) Алда кудай, ай! Эми эмне кылам?! (Балага) Каяктан табам сага, тамакты?!. Каяктан?! Байкушум, ай! Өлүп каласың, го! Өлүп каласың го! Же бир тегеректе эле киши-кара болсочу! Эмне берип, эмне менен тойгузам сени?! Туулганыңа жети күн боло элек жатып, жайрап каласыңбы, сен дагы?! (Айласы кетип турду). Тырмалабачы эмчегимди, тырмалабачы! Сүт жок, бул эмчекте, сүт жок!! Мендей туубаган катындын да эмчегинен сүт чыкчу беле! (Айласы кетип) Тырмабачы, деп атам!.. (Жыгылып-туруп жолун улантты. Баланын басылаар түрү жок. Токтой калып) Алда байкушум, ай, тамагын такылдатып атканын кара! Эмне кылайын, эми?! Эмне кылайын эми?! Үч күндөн бери, ачкасың! (Эчкирип ыйлап атты. Айласы куруп.) Эмне кылам?! Эмне кылам?!. Басылчы, басылчы!.. Жүрөктү эзип ийдиң го! Убалың каганга жетсин!.. Каганга жетсин! (Шолоктоп ыйлап кирди. Бала ансайын токтобой ыйлап атты). Алда байкушум, ай! Эмне кыл дейсиң, эми?! Менин колумдан эмне келет?! (Кичине паузадан кийин) Тырмабачы боорумду, тырмабачы. Кыйнабачы, кишини, кыйнабачы! (Анан көзү каканактап жашка толгон боюнча, бир салмасынын боорун тытып жиберип, булайган аппак эмчегин баланын оозуна сала койду) Мечи! Мечи! Сорчу! Сор! Ушул эле керек болсо, сага! Жо-ок, бул эмчекте, сүт, жо-ок! (Ошол учурда кайдан-жайдан келе калганы белгисиз токумдай болгон апакай булут Алтындын төбөсүнө келип калган). Көлөкө?! Каяктагы көлөкө?! (Алтын башын көтөрүп көктү тиктеди) Ак булут?! О-о, кудай?! (Көзүн ачып-жуумп ийди) Өңүмбү, же түшүмбү?!. Ак булут экен, чын эле! Чын келдиби, айтканы?!. Көрүп атам! Көрүп атам! (Бала эмнегедир ыйын токтотуп, магдырап калган эле, ошол убакта. Алтын чочуп кетти) Сага эмне болду, э, кокуй?! (Баланы карай салып, көздөрү бакырая чочуп кетти) Эмне болуп атасың, сен?! Ууртуңдагы эмне, агарган?! (Пауза) Сүт турбайбы! О-о, жараткан, эмчегимден сүт чыгып кеткен турбайбы! Ушундай да болобу?! Ишенбей турам?! Ишенбей турам! Чын элеби?! (Кубанганынан үнү буулуп, сүйлөй албай, делдейип отуруп калды. Бала магдырай эмчек соруп, токумдай ак булут Алтын менен ымыркайдын үстүндө турду, айланып).

ЭПИЛОГ ООРДУНА

Прологдогу көрүнүш.
ӨСПҮРҮМ. Анан эмне болду, аржагы, апаке?..
АЯЛ. Эмне болсун, ошентип кудайдын ырайымы тийип, эзели согончогу канай элек кары кыздын эмчегинен сүт чыгып, наристе аман калды. Эне-бала жер которуп жүрүшүп, акыры Эрдене менен Догулаң өлгөн жерге келип жашап калышты.
ӨСПҮРҮМ. Бул окуя качан болду эле?
АЯЛ. (Үшкүрүнүп) Качан болсун... кечээ жакында эле.
ӨСПҮРҮМ. (Эки караанды көрсөтүп) Булар кимдер?
АЯЛ. Эки ашык.
ӨСПҮРҮМ. Догулаң менен Эрденеби?
АЯЛ. Балким...
ӨСПҮРҮМ. А кемпирге эмне болду?
АЯЛ. Эмне болсун, жүргөндүр дагы бир жерде.
ӨСПҮРҮМ. А биз кимбиз, апаке?
АЯЛ. Бизби?.. Биз кудайдын ырайымы тийген адамдарбыз.
ӨСПҮРҮМ. Сенин өз атың ким, апаке?
АЯЛ. Менин өз атымбы?.. Менин өз атым ошо да, уулум.
ӨСПҮРҮМ. А менин өз атымчы?
АЯЛ. Сенин өз атың да ошо.
ӨСПҮРҮМ. А менин атам ким?
АЯЛ. Сенин атаң... сенин атаң...
(Ошол учурда эки караан оорундарынан туруп, бири-биринен бөлүнө эки тарапка кетип баратышты. Таң сөгүлүп келаткан. Чыгыш тараптан мелтиреген көктүн үстүндө токумдай болгон ак булут жылып келатты, берини көздөй).
ӨСПҮРҮМ. (Колун созо) Апаке, карачы, ак булут!.. 
(Аял баласы кол созгон тарапты карады).

Бүттү

Бишкек, 08.10. – 12.11, 2000 – жыл.

 

© Кулмамбетов Ж.О., 2000. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2987