Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Жаныш Кулмамбетов, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2020-жылдын 16-майы

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Алтын кумара

(Элдик жомоктордун негизинде жазылган пьеса-притча)

 

Маданияттын ардагери Касым Мадваровго арнаймын.

Автор.

 

Катышуучулар:

Усуп — улан.

Айсаамай – кыз.

Кабайхан.

Шадыкан обозгер.

Аалы карыя.

Батма эне.

Башкы төлгөчү.

Башкы кеңешчи.

Жолболду карыя.

Кубандык -баласы.

Шерикбай.

Жигит.

Келин.

Жарчы.

Эки желдет.

Булардан тышкаары эл, төлгөчүлөр, кеңешчилер, хандын жигиттери ж.б.

 

Биринчи сахна

Хан ордонун алды. Толгон эл ызы-чуу түшүп,  атышты. “Жанай хан кетсин! Жаш хан келсин ордуна!”, “Жанай хан кетсин! Жаш хан – Кабайхан келсин ордуна!”, “Жанай хан кетсин! Жаш хан -  Кабайхан келсин ордуна!” деп эл толкуп атты.

Экинчи сахна

Ошондон бир аз убакыт өткөн. Жарчы келатты, керней-сурнайын бапылдатып, жар айтып.

Жарчы. Мурдагы хан Жанайхан элдин суроосуна байланыштуу бүгүн түнү тагын иниси, улуу урматтуу Кабайханга өткөрүп берди! Жаңы, жаш, акылы курч хандуу болдук! Ханыбыздын өмүрүр узун болсун! Элибизге эринбей кызмат өтөсүн!

(Жар айтып узап кетти).

Үчүнчү сахна

Ай толгон түн. Усуп менен Айсаамай кыналыша суу жээгинде олтурушту.Усуптун колунда комуз.Чертүүгө даярданып турду.

Усуп. (Жүрөгү элеп-желеп болуп) Атың жакшы сенин – Айсаамай!

Аймаамай. (Наздана) Кудай берген, ата-энем койгон ат.

Усуп. (Комузун чертип, ыр төгүп ийди) Айсаамай, кайыптан бүткөн, эй, сулуусуң!

Айсаамай, аламдан таппас, эй, сырдуусуң.

Жүрөгүм согот өзүң деп,

Жүзүңдү көрсөм деп ойлоп,

Күнүгө келем бул жерге,

Күйүккөн аттай декилдеп.

Ой-и-и-и-ий-ий-ий, ой-и-и-и-и-и-ий,

Ошол бир күйүккөн аттай, декилдеп!

Айсаамай. (Шыңкылдай күлүп) Акын турбайсыңбы.

Усуп. (Энтигип) Сени ушул жерден көрүп, сени билгенден тартып тилиме сөз, таңдайыма обон бүттү ушинтип, Айсаамай! Эси-дартымдын баары өзүң болуп калдың. Бирок, бир нерсеге ичим тызылдайт  — сенин дубаңды кантип жандырам.

Айсаамай. (Наздана күлүп) Аны жандырыш анча деле кыйын эмес. Мен топ гүлдүн арасына барып кошулгандан кийин, аралап жүрүп таап алсаң эле болду – мен сендикмин.

Усуп. (Демин басып, үшкүрүп) Сан миңдеген гүлдүн арасынан кантип сени тааныйм деп, сары санаага батам.

Айсаамай. (Уланды жайгара) Табасың, эгер сүйсөң. Сүйүү деген керемет да.

Усуп. Атаганат, сыйкырчы болуп калсам эмне, дубаны бир паста жандырып албайт белем.

Айсаамай. (Наздана күлүп) Сүйүүнүн күчүнөн өткөн сыйкыр жок.

Усуп. Айтканың чын болсо гана! Бирок, сенин дубаңды жандырганга, сүйүүнүн күчү чала, акыл керек, ага!

Айсаамай. (Дагы эле наздана күлүп) Эмне, акыл айтчу киши жокпу, сага?

Усуп. (Шердене) Бар!

Айсаамай. Ким?

Усуп. Менин атам!

Төртүнчү сахна

Кабайхандын сарайы. Кабайхан тагында олтурду. Тегерегинде Шадыкан обозгер жана жалаң жаштар – хандын жан-жөкөрлөрү.

Кабайхан. (Жан-жөкөрлөрүнө) Кана, айткыла, ишти эмнеден баштаймын?

Башкы кеңешчи. (Ханга таазим этип) Ырахмат, ханым, мени башкы кеңешчи кылып алганыңызга! Кечээ эле эне сүтү оозунан кете элек, кой-эчки кайтарып жүргөн, кендей бала элем, эми минтип сиздин оң колуңуз болуп, төбөм көккө жетип турган чагы! (Шапылдап) Ханым, “жаштарга, жаштарга кезек бергиле!” деп кайра-кайра мамлекетке салып атып бүлүк, акыры улгайган агаңызды тактыдан кетирип, хан таажысын сизге алып берип тындык. Мурдагы хандардын – сиздин агаларыңыздын элди бийлей албай, баарыбызды курутканы, тентиткени — чындык. А сиз алардын каталарын кайталабаңыз! Жаштар кандай болоорун көрсөтүңүз элге! Бүт баары көрүшсүн – жаштардын колунан эмне келээрин! А биз сиздин колуңузга кол, бутуңузга бут болобуз! Күпүлдөтө иштейбиз! Күрүлдөтө иштейбиз! Тоону томкоруп, ойду омкоруп таштайбыз! Жаштык жалынга баарын өрттөп таштайбыз! Куйкалап таштайбыз! Мурдакылардын былыктарын баарын чукуп, былгып жаткандардын баарын чаңдаталы! Мамлекет эмне үчүн жарды? Аны кантип байытса болот, адегенде ушундан баштайлы! Анткени, ашка жүк, башка жүк, жатып ичээрлер толтура! Ошолорду аесуз тазалап таштайлы!

(Шадыкан обозгер селт эте чочуп кеттти, муну укканда).

Кабайхан. Ашка жүк, башка жүк, жатып ичээрлериң кимдер? 

Башкы кеңешчи. (Кызууланып) Кары-картаңдар! Ошолордун бизге кереги барбы?! Алар алжып калган! Колдорунан кокон тыйын келбейт! Тамак ичип, митедей болуп жаткандан башканы билбейт! Анан, адамга акыл үйрөтүшүп, ооздоруна келгенди сүйлөт. “Кары келсе – ашка, жаш келсе – ишке” деп, макал чыгарышып, баары тең, бала-бакырасынын, мына биз сыяктуу жаштардын мойнуна минип алган! Тамактын баарын ошолор түгөтүп атышат! Мамлекетти ошолор жарды кылып атышат! Ойлоп көрүңүз, таксыр ханым, ар бир үйдө жок эле дегенде, бирден ата, бирден эне бар! Эсептеп көрүңүзчү! О-о, эсеби жок да алар! Эми карыгандан кийин баары бир өлүшөт да! Кайра жашарышмак беле! Алардын өсөөрү эмес, өлөөрү калды! А өлө турган болгон соң, аларды аяп эмне кылабыз?!  Ошолордон тез арылсак – мамлекетибиз мурда болуп көрбөгөндөй гүлдөйт! Байыйыт! Башка элдерден дароо алга озобуз! Анан, керек болсо, бара-бара – айга мойнубузду созобуз! Ошондо көрүп алышсын – биздин колубуздан эмне келээрин!

Кабайхан. (Муюшуп) Ооба, кары-картаңдардын аш ичкенден башкага алы жетпеси чындык! (Шадыкан обозгерге кайрылып) Шадыкан обозгер, кана, эми эмне кылдык?

Шадыкан обозгер. (Маанайы пас) Ыктыяр сизде, эгер башкы кеңешчиңизидин акылына муюшуп турсаңыз, жарлык чыгарыңыз, таксыр ханым.

Кабайхан. Кандай жарлык чыгарам?

Шадыкан обозгер. Башкы кеңешчиңиз айткандай. Ага жарлыкты жаздырып, өзүңүз мөөрүңүздү басып туруп, жарчынын колуна карматасыз. А жарчы жумурай журтту кыдырып, элге жар салып таштайт. Андан кийин жардыгыңыз аткарыла баштайт.

Башкы кеңешчи. (Ачуулуу) Ата-энем бала күнүмөн козу-улак, кой-эчки кайтартып, ителеп жумшап  жүрүп, мен жазганды билбей калгам! Арип тааныбайм! Жарлыкты мен жаза албайм! Мурдакы хандын иш билги кишиси деп сени алып калды беле ордого, таксыр ханым! Сен жазгының – жарлыкты! Көрсөң, ай, мага оодара салгысы бар, баарын!

Шадыкан обозгер. (Кабагы бүркөө) Кимден кандай кеңеш чыкса – ошол даярдайт жарлыкты. Ордонун тартиби ошондой.

Башкы кеңешчи. (Ачуулуу) Биз ордого, мындан ары, жаңы тартип орнотобуз! Жарлыкты, жалаң обозгер жаза турган болот! А кеңешчилер оозеки гана кеңеш сала турган болот! Кандай дейсиз, таксыр ханым? Мобул карт бөрүнүн сөзүн угуп алып, чыгып турат, жаным!

Кабайхан. (Шадыкан обозгерге) Жарлыкты сен даярда.

Башкы кеңешчи. (Кызуулуна) И-и, ошентсин, бекер аш ичип олтура бербей, ордодо!

(Шадыкан обозгердин маанайы түшүп турду).

Бешинчи сахна

Аалы карыя узанып олтурган. Байбичеси Батма жардам берип аткан. Уулу келди экөөнүн жанына.

Усуп. (Атасына жардам бере) Ата, мага бирөө табышмак айтты эле. Жандыргамың жан киши таба элек экен, ошону сизден сурайын дедим эле.

Аалы карыя. Сура балам, сура.

Усуп. Бир сулуу кызды өгөй  энеси дуба окутуп туруп гүлгө айлантып коюптур.

Батма эне. (Кейий, башын чайкап) Катыгүн, ал  кандай таш боор неме?! Адамга ушунчалык кыянаттык кылган да болчу беле?

Усуп. Ал кеч киргенден тартып таң атканга чейин гана кызга айланып, а таң куланөөк салгандан тартып, күүгүм кирип, көз байланганга чейин гүл болуп кубулуп кетет экен. Ал кызды бир акын жигит жактырып калат. Кыз да аны жактырат экен. Бирок, кызды кайрадан гүлгө айлантыштын шарты өтө кыйын экен. Анүчүн, ал өсүп турган сан миңдеген гүлдүн арасынан аны тааныса гана, ошондо ал кайрадан кызга айланат экен. Тааный албаса түбөлүк гүл бойдон калт экен.

Аалы карыя. Кыз менен акын жигит таңга жуук гана ажырашчу да, ээ?

Усуп. (Уяла) Ооба.

Аалы карыя. (Күлүп) А-а, балам, табышмагыңдын жандырмагы өтө оңой экен. Күндүн мурду жерге чачырай баштаганда, акын жигит сан гүлдү аралап басса, арасынан өзүнүн гүлүн оңой эле тааныйт.

Усуп. (Чыдамсыздана) Кантип?!

Аалы карыя. Балам, байкап жүрөсүңбү, таң алдына өсүмдүктөргө шүүдүрүм түшөөрүн?

Усуп. И-и...

Аалы карыя. Эмесе ошол, кыз таң аткыча ашыгынын жанында болсо, жарык түшө баштаганда гүлгө айланса аны шүүдүрүм баспай, купкургак болот. Ошонусуна карап, аны оңой эле таанып койсо болот.

Усуп. (Кубанып) Түшүндүм, ата!

Аалы карыя. Бар, балам, колуктуңду таанып ал!

Усуп. (Уяла) Сиз кантип билдиңиз, ал менин колуктум экенин?

(Батма күлүп калды).

Аалы карыя. Ошол да кыйынбы, балам? Сөзүңдүн кыябынан, көзүңдүн отунан көрүп, туюп турам.

Батма. (Баласын сылап) Атаңдын айтканын аткарсаң, муратыңа жетесиң.

Усуп. (Кубанычы койнуна батпай) Ырахмат, ата! (Чуркаган бойдон кетти).

Алтынчы сахна

Таңга жуук. Усуп менен Айсаамай.

Айсаамай. (Жылмая) Менин кетээр маалым болду.

Усуп. Бар, жаным. Күндүн мурду жерге тийгенде мен сан гүлдү аралап басамын...

Айсаамай. (Муңайым) Мени таанасаң – тааныдың, тааныбасаң — өмүр бою болуп калам –азабың.

Усуп. Жок, сен мени менен түбөлүк бирге болосуң! (Айсаамайды узата карап турду.

Айсаамайдын карааны үзүлдү).

Жетинчи сахна

Күндүн мурду жерге чачырай баштаган чак. Айланада көздүн жоосун алып сан-миңдеген гүлдөр жайнап, желаргыга сеңселип турушту. Усуп турду, апкаарып, сансыз гүлгө көз чаптырып.

Усуп. Тобокел! (Гүлдөрдү аралай  басты.

Кунт кое карап, сансыз гүлдү кечип баратты, улан. Бир маалда тык токтоду).

Усуп. (Жүрөгү апкаарый, гүлдү кочушу менен аяр кармап) Ушул сенсиң го деп боолголоп турам, Айсаамай!

(Ошол учурда талаанын бети удургуй түшүп, жер чайпалып, гүлдөр жапырылып, анан Усуп кочуштап турган гүл керилген кыз болуп чыга келди. Ал Айсаамай эле).

Усуп. (Кубанычы койнуна батпай) Таптым!..

Айсаамай. (Бактысы ашып-ташып) Таптың!..

(Улан менен кыз кучакташып калышты).

Айсаамай. Кантип таптың?

Усуп. (Кубанычы койнуна батпай) Атам мага айтып берген, кантип табышты. Көрсө, туура айтыптыр!

Айсаамай. (Ыраазы боло) Атаң акылман киши турбайбы!

Усуп. (Кубанган бойдон) Анан эмне!

(Кичине тыным) Эгер сен каршы болбосоң, мен ата-энемден уруксаат алып келейин да, сени алып кетейин?

Айсаамай. (Наздуу) Каршы эмесмин! Мен сендикмин!

Усуп. (Делөөрүй) Анда күт мени! Мен ата-энеме барып келе калайын!

Айсаамай. (Элжирей) Күтөм!

(Усуп чуркаган бойдон жолго түштү)

Сегизинчи сахна

Усуп ашга кетип баратып, алыстан керней-сурнайдын үнүн укту. Керней-сурнай тартып келаткан жарчы болчу.

Жарчы. Уккула!..  Уккула!.. Укпай калдым, билбей калдым дебегиле! Жаңыдан такка олтурган улуу урматтуу Кабайхан жарлык кылды! Мындан ары, биздин мамлекетте ашка жүк-башка жүк кары-картаңдарга таптакыр орун жок! Кимдин кары ата-энеси болсо, дароо кулак угуп көз көргүс жактагы ээн талаа, эрме чөл каптаган Көйкаптын тоосуна алып барып таштайсыңар! Хан жарлыгы ушундай. Эгерде кимде-ким хан жарлыгын аткарбаса – катуу жазага тартылат! Башы кетет!

Усуп. (Элейе) Карыларды дейсизби?

Жарчы. Ооба, бала! Ата-энең барбы?

Усуп. (Элейе) Бар.

Жарчы. Ай, бала, анда көзүңдү кара, карап турбай, ата-энеңди Көйкаптын тоосуна жеткир. Кокус хандын жарлыгын аткарбай койсоң же аткара турган болсоң чала, Кабайхан башыңды алдырып тынат, ата-энеңди кошуп туруп жайрасын кылат!

Усуп. (Эси эңгиреп) Эмне үчүн? Карылардын эмне айыбы бар экен?

Жарчы. Мунун айтып турганын кара. Эй, букара, хандын жардыгы талкууга алынбайт. Же ал – аткарылат! Же – аткарылбайт! Аткарылбаса — балееге каласың, күнөөңө жараша жазаңды аласың! Түшүндүңбү, бала?

Усуп. (Маанайы пас) Түшүндүм.

Жарчы. Түшүнсөң, үйүңө тез, жөнө!

(Жарчы керней-сурнайын бапылдатып, жар айтып, андан ары узап кетти).

Тогузунчу сахна

Туш-туштан атчан-жөөчөн жаш жигиттер убай-чубай, кары-картаң ата-энелерин алышып, сапар тартып баратышты.

Ый, муң өкүм сүрүп турду, айланада.

Бир аздан соң бир жигит(Кубандык)  атасын (Жолболдуну) жонуна көтөрүп алып, жолдо келатты, чарчап-чаалыгып. Дарыянын жээгиндеги чынар теректин жанына келгенде Жолболду  баласына кайрылды.

Жолболду.Чарчадыңбы, балам?

Кубандык. (Үшкүрүп) Чарчадым, ата. Мурда жеңил эле элеңиз, эмнегедир оор болуп кетипсиз же мобул кабыңызда бир нерсе барбы, билбейм. Кетпегеген жеримден тер кетти. Шайым ооп калды, тим эле.

Жолболду.Анда, ушул жерге эс алалы. Сен дарыяга жуунуп сергип ал, аңгыча мен капты бошотуп коеюн. Сен келгиче мынабул чынар теректин түбүндө көлөкөлөп олтуруп турам.

(Баласы атасын жерге түшүрүп, үстүндөгү алма-телме болуп чылпылдаган көйнөгүн чечип алып, колуна алды да, дарыяны көздөй жөнөдү. Жолболду карыя баласы кетээр замат чынар теректи карай шашыла басты). 

Онунчу сахна

Гүлбак. Айсаамай менен Усуп жолугушту. Усуптун маанайы пас эле.

Айсаамай. (Кабатыр боло) Сага эмне болду? Эмнеге маанайың пас?

Усуп. (Маанайы пас) Хан жарлыгы чыкты – кары-картаңдар Көйкапка жеткирилсин деген. Эми мен ата-энемди каратып туруп кантип ажалдын оозуна салып берем?!

Айсаамай. (Аяй) Анан эмне кылайын деген оюң бар?

Усуп. (Маанайы пас) Эгер, ата-энемди Көйпкака жеткире турган болсом, мен да ошоякта калып, алар көргөндү чогуу көрөм, ата-энем менен кошо өлөм!

(Тыным).

Айсаамай. Кой, антип жаныңды бекер кыйнаба. Сен дагы ата-энеңдин тукумун ула да. Андан көрө, ата-энеңди катып кой, жан билбей турган жерге. Кабайхан ушул бойдон эле түбөлүк тактыда олтура бермек беле. Жакшы заман келет, Кабайхандын да кезеги келет. Карыларга кылган кыянаттыктары үчүн, ал да бирди көрөт. Ошондо каткан жериңден ата-энеңди алып чыгасың.

Усуп. (Чечкиндүү) Ошентем!

Он биринчи сахна

Усуптун үйү. Аалы менен Батма жолго даярданып алышып, уулун күтүп олтурушкан. Аңгыча Усуп келди, убайым жеген.

Аалы. (Салабаттуу) Балам, биз даярбыз, жолго чыкканга.

Усуп. (Кызуулана) Атаке, апаке, мен кантип силерди өз колум менен өлүмгө кыямын?!

Аалы. (Токтоо) Бизди Көйкапка жеткирип таштабасаң — өзүңдүн башың кошо кетет, уулум.

Батма. (Салабаттуу) Биз  карыдык-арыдык, ичээрибизди ичип, жээрибизди жедик. А сен жашсың балам, ичээр суу, көрөр күңүң алдыда. Бизди жеткир, балам, эрте күндү кеч кылбай.

Усуп. (Кызуулана) Ата, апа мен анте албайм! Силерди Көйкапка жеткиргенден көрө — өзүмдүн өлгөнүм артык!

Аалы. (Башын чайкап) Ай, балам...

Усуп. Мен силерди катып коем!

Батма. Улуктун укуругу узун болот -хандын шимшүүрлөрү тинтип келип бир паста эле таап алышат, балам! Антпе! Бөөдө өлүм болосуң, сен дагы!

Усуп. (Өктөм) Жок!.. Мен айтканымдан кайтпаймын! Силерди катып коем – калганын бактымдан көрөм!

(Тыным).

Аалы. (Баласын тиктеп, муюша) Мынча каршыгып калыпсың, мейли балам, бизди кайда катасың, анан?

Усуп. Эч кимдин буту баспаган тоонун арасында, кечээтен бери ороо казып атам, атаке. Ошол жакка алпарып силерди жашырам, апаке.

Батма. Ороодо көргөн күнүбүз кандай болоор экен?

Усуп. Ошоякта боло тургулачы, апа. Кабайхан түбөлүк тактыда олтурат дейсизби. Дагы кудайдын айтканы бардыр.

Аалы. (Баласынын акылына баа берип) Мунуң туура балам.

 

Он экинчи сахна

Обозгер, эси жок жигит болуп, суу түбүндөгү кумараны көрүшкөн жер

Шадыкан обозгер. (Тигини жактырбай) Эмне ыржайтайсың?

Шерикбай. (Ого бетер ыржактап) Ырас болду деп атам, атам менен апамдан кутулганым.

Шадыкан обозгер. (Жаман көзү  менен карап) Атаң менен энеңден кутула тажап жүргөнсүң го, ээ?

Шерикбай. (Колун шилтеп) Тажатып ийишкен, курулай акыл-насаат айта беришип. “Андай болбо, мындай бол, уят болот, эл-журт деген бар” деп какшана беришчү эле, кыжырды келтиришип. (Ыржаңдап күлүп) Эми тиякка барып кимге акыл үйрөтүшөөр экен.

Шадыкан обозгер. (Жактырбай) Ал сөздөрдүн эмнеси жаман? Туура айтышыптыр. Уят деген улуу журт дейт, бизде. Атыңды атаң “жаныма шерик болсун” деп, шерикбай койсо керек, а сен...

Шерикбай. Эмне “мен?..”

Шадыкан обозгер. Ата-энеңди Көйкапка жеткирип таштап сүйүнүп атканыңды кара... Жолуң  болсун, сенин. 

Шерикбай. (Боз ала боло түштү) Хан жеткир дегенден кийин жеткирем да.

Шадыкан обозгер. (Башын чайкап) Мен сенин жеткиргениңди айтып аткан жокмун, сүйүнгөнүңдү айтып атам.

Шерикбай. (Ыржаңдап) Анан, ыйлайынбы?

Шадыкан обозгер. Ыйла, акылың болсо! Ата –энеңди көр оозуна алып барып коюп, ыржалаңдап кубанбай!

(Ошол учурда жигиттердин бири тигил экөөнө энтелеңдеп жетип келди).

Жигит. (Обозгерге таазим кылып, демиге) Тиякта алтын... алтын кумара!..

 

Он үчүнчү сахна

Хан сарай. Кабайхандын алдына Шадыкан обозгер үч бүгүлө таазим эте кирип келди.

Кабайхан. Жарлыгым кандай аткарылып атыптыр, менин?

Шадыкан обозгер. Жарлыгыңыз толук аткарылып атат, ханым. Төмөн тарапта бир да үй-бүлөдө кары-картаң киши калган жок, баары Көйкапта.

Кабайхан. Бирди-жарымды жашынып калбаптырбы, жокпу? Жакшы тинттиңерби?

Шадыкан обозгер. Түтүнмө-түтүн кыдырып, ар бир үйгө кирдик, ар бирин суракка алдык – кары-картаң түк калбаптыр, аны билдик, ханым.

Кабайхан. Толук кыдырдыңарбы?

Шадыкан обозгер. Мынабул көкүрөк тарапта бирин-серин үй-бүлөөлөр калды. Эми ошолорду кыдырганы баратабыз.

Кабайхан. Анда, уланткыла, тинткениңерди. Кокус, бирди-жарымды кары картаң-дар колуңарга илинип калса – эч аябагыла! Баштарын дароо чаптырып сал! Жарлыгымды аткарбаган балдарынын башы кошо кетсин. Бар, эми!

Шадыкан обозгер. (Жүгүнүп) Мен сизге бир жаңылык менен келдим эле, ханым.

Кабайхан. (Кулагын түрө) Эмне жаңылык?

Шадыкан обозгер. Жигиттер менен жолдо келатып, дарыянын боюнда өсүп турган чынар теректин түбүнө токтодук эле, өрүүн кылып алалы деп. Аңгыча жигиттердин  бирөө көрө салды – дарыянин түбүндө көздүн жоосун алган алтын кумара бар экен. “Түшүп алып чыккыла” десем, эч кимиси алып чыга албай койду. Сууга секиришсе эле дарыя ылайланып кетип, кумаранын кайда кеткенин таба албай, бир күн кечке убара болдук. Ары-бери өткөндөрдүн баарын кармап алып, “Алтын кумараны алып чыккыла” деп сууга салсам, бири да алып чыга албай койду. Эмне сыр бар экенин түшүнө албай, башыбыз маң болду.

Кабайхан. (Шашыла) Тулпарымды токутуп, туулгамды даярдагыла — мен өзүм барып алдырып чыгамын!

(Хан менен обозгери ээрчише ордодон чыгышты).

Он төртүнчү сахна

Чынар терек өскөн дарыянын жээги. Кабайхан турду сумсайып. Топураган эл турду, айласы кетип.

Кабайхан. (Жини келип) Капырай, бул эмне болгон сырдуу кумара?! Сууга тие электе эле көздөн кайым болот да!

Шадыкан обозгер. Ханым, чакыртпайымбы, жанагы төлгөчү, көзү ачыктарыңызды, “Кудай-таала менен бааралашып атабыз” деп ооз толтуруп олуя болуп жүрүшкөн? 

Кабайхан. Чакырт ошолорду!

Шадыкан обозгер. Кеңешчү-таңашчуларыңыз да кошо келишсинби?

Кабайхан. Алар да келсин!

Он бешинчи сахна

Ошол эле жер. Кабайханды тегеректеп көзү ачыктары, төлгөчүлөрү, кеңешчилери турушту.

Кабайхан. (Башкы төлгөчүгө) Эмне үчүн кумараны алып чыга албай атышат, ушунча эл жүрүп? Сыры эмнеде? Айт!

Башкы төлгөчү. (Кайпалактап) Ханым, кумараны алып чыгабыз дешип сууга киририп аткандарда мандем бар.

Кабайхан. (Ачуулуу) Эмне мандем?

Башкы төлгөчү. Алардын... ниети бузук! Алар бул алтын кумара ханга тийбесни деп, сизден кызганышып, муну атайлап жасап атышат. Башыңарды алам, кумараны алып чыкпасаңар десеңиз эле, бир паста алтын кумара алдыңызда болот!

Кабайхан. Ошондойбу?

Башкы төлгөчү. Ошондой ханым!

Кабайхан. Анда, сен кирип алып чык, андай олуя экенсиң! Алып чыкпасаң – башың кыйылат! Секир, сууга!

(Башкы төлгөчү калтырап-титиреп сууга секирди да, бир аздан кийин шөмтүрөп дарыядан чыгып, хандын бутуна жыгылды).

Башкы төлгөчү. (Кемшиңдеп) Ырайым этиңиз, ханым, ырайым этиңиз! Чымын жанымды соогатка бериңиз! Чымын жанымды!

Кабайхан. (Ачуулуу) Колуңдан келбегенден кийин эмне үчүн оозуң менен орок оросуң?!

Башкы төлгөчү. (Жанталашып) Айып менде, ханым! Айып менде! Күнөөмдү мойнума алам! Жанымды калтыра көрүңүз!

Кабайхан. (Жини келип) Жанынын таттуулугун кара, мунун! (Шадыкан обозгерге) Мынабул, ушунчадан бери көз боемочулук кылып жүргөн кейбирдин үй-мүлкүн, болгон байлыгын тартып алып туруп, өз кара башын ордодон кууп чыккыла! Экинчи хан сарайдын босогосун аттагыс болсун!

Шадыкан обозгер. Жарайт, ханым! (Башкы төлгөчүнү желкеден алды).

Башкы төлгөчү. (Бышактап) Ырахмат, ханым! Жанымды соогатка калтырганыңызга миң мертебе ырахмат!

Кабайхан. (Башкы төлгөчүлөрдү да камчысы менен жаңсап) Мобул көз боемочуларды кошо жогот, ордодон! Булардын да мал-мүлкү, бар байлыгы казынага калсын!

(Төлгөчү, көзү ачыктар үрөйлөрү учуп жапырт чөгөлөй калышты, Кабайхандын алдына).

Шадыкан обозгер. Айтканыңыз аткарылат, ханым!

(Шадыкан обозгер башкы төлгөчүнү баш кылып, калгандарын кошуп туруп, алдына салып айдап жөнөдү. Хандын кеңешчилери турушту, өң-алеттен кетишип).

Кабайхан. (Башкы кеңешчисине) Кары-картаңдардан пайда жок. Алар ашка жүк, башка жүк. Алардан кутулсак казынабызга байлык батпай калат деп оозуңду толтура опулдап, бизди жыргаттың эле, ал айтканыңдын баарын ишке ашырдык. Ошончо акылдуу экенсиң, айтчы эми, акылдуу сөздөрүңдү, мобул сырдуу кумараны кантип алып чыгабыз, суу түбүнөн?

Башкы кеңешчи. (Жүрөгү түшө, жалынып-жалбарып) Ханым!.. Билесиз да мени... мен төлгөчү эмесмин, көзү ачык эмесмин, олуя эмесмин...

Кабайхан. (Жини келип) Оозуңду чоюп, ар кайсыны айтып чаргытпай, берчү кеңешиңди – түз бер, акылман экениң чын болсо!

Башкы кеңешчи. (Калтырап-титиреп) Айланайын, ханым, мага кымбат экен, чымын жаным! Бошотуп коюңуз мени, башкы кеңешчиликтен, ушундан көрө, тоого барып, адатымча колума куу союл алып, көнгөн жаным, кой артынан түшөйүн!

Кабайхан. (Жини келип) Ушул экен да ээ, жетээр акылың?! Бар! Өтүнүчүңдү ишке ашырамын — башыңа телпек кийип, бутуңа чарык тартынып, адатыңча кой артынан түшөсүң!   

Башкы кеңешчи. (Кемшиңдеп) Ыраазымын ханым! Эки дүйнөдө ыраазымын! (Жөрмөлөгөн бойдон чыга жөнөдү).

Кабайхан. (Калган кеңешчилерге) Силер да мунун артынан баргыла, бириң уй, бириң эчки кайтаргыла!

(Кубарып турушкан кеңешчилер башкы кеңешчинин артынан  жөрмөлөп чыга жөнөштү.

Кабайхандын  кабагына кар жаап, түнөрүп турду).

Он бешинчи сахна

Жарчы чыкты, адатынча атын текреңдетип, керней-сурнайын бапылдатып.

Жарчы. Уккула!.. Уккула!.. Улуу урматтуу Кабай хан жарлык кылды! Эгерде кимде ким дарыянын түбүндөгү алтын кумараны алып чыгып берсе – жарым байлык ошого берилет! Алып чыга албагандардын башы кетет!.. Уккула!.. Уккула!.. Улуу урматтуу Кабайхан жарлык кылды!..  

Он алтынчы сахна

Чынар теректин түбү. Дарыянын бою. Кабайхан олтурду, алтын тактысында. Эки жагында курч айбалатларын колуна кармаган эки желдет турду, беит-башын жаап алышкан. Жаш жигит келди, таазим этип.

Кабайхан. Кулагым сенде?

Жигит. Кумараны алып чыгып берейин деген ой бар, менде.

Кабайхан. Шартты билесиңби, эй, пенде?

Жигит. Билем, урматтуу ханым, билем!

Кабайхан. Алып чыга албасаң – башың кетет! Көрдүңбү, мобул эки желдетти? Сен сыяктуу канча жигиттин башын чабышты, булар!

Жигит. Билем. Бирок, мен алып чыгып берем!

Кабайхан. Кана, көрсөт өнөрүңдү!

(Жигит белине чейин чечинип салып сууга чумкуду да, далайга чейин жок болуп кетти).

Кабайхан. (Ордунан обдулуп) Эмне,  таптыңбы, көтөрө албай атасыңбы?

(Жооп болгон жок).

Кабайхан. (Мыйыгынан) А-а, коркуп суудан чыга албай атасыңбы? Же чөгүп кеттиңби, шордуу?!

(Бир кыйладан кийин жигит чыкты, шалдайып).

Жигит. (Маанайы пас) Жок экен...

Кабайхан. А мен сага эмне дедим эле? (Желдеттерге) Чапкыла, башын!

(Ошол учурда хандын алдына боюнда бар келин ыйлап келип, бутуна жыгылды).

Келин. (Көзүнүн жашын он талаа кылып) Улуу урматтуу ханым, ырайым этиңиз, калтыра көрүңүз, күйөөмдүн жанын! Бир үй-бүлөөнүн жалгыз баласы! Жок, мунун, иниси же агасы! Эптеп өлбөстүн күнүн көрүп атканда, ойлогонбуз  — кумараны алып чыксак, турмушубуз оңолот го, жакырчылык бизден жоголот го деп. Күйөөмдүн башын алсаңыз, курсактагы баласы жетим калат! Анан муну ким багат?!

Кабайхан. (Кабагын түйө) Мен аны мажбурлаган жокмун. Өзү келди алдыма. Жарлык баарына бирдей. Кокус буга ырайым кылсам, калгандары атаандашат. Ошон үчүн, кое албайм,  куру кол чыккан күйөөңө тийбей.

Келин. (Хандын этегине эрмешип) Мобул курсактагы баласы үчүн жанын калтырыңыз, ханым!

Кабайхан. Жалынып-жалбарып келгендин баарына кечирим бере берсе, кайсы эл ишенет ханына?! Күйөөң өзү күнөөлүү, карабайбы, алына!  (Желдеттерге) Алгыла! Алыс алып баргыла! Ошол жерден башын алгыла!   

(Желдеттер айбалталарын жалаңдатып жигитти көздө умтулушту).

Келин. (Чыркырап) Ханы-ым!.. (Күйөөсүнүн этегине жармашып, кошо жөнөдү, жыгылып-туруп.

Желдеттер жигитти сүйрөп кетишти, алыс).

Он жетинчи сахна

Айлуу түн. Ороо. Ороонун түбүндө Аалы карыя менен Батма эне. Аңгыча ороонун үстүнө жабылган жабуу ачылып, Усуп баш бакты.

Усуп. Атаке, апаке, чыккыла сыртка, мен келдим.

(Аалы карыя менен Батма эне жиптен чырмап жасалган шатыга жармашышып, ороонун оозун көздөй көтөрүлө жөнөштү).

Ороонун жанындагы шылдырап аккан булактын бою. Баласы атасы Аалы менен аапасы Батмага тамак берип олтурду).

Аалы. Эмне жаңылык бар, балам?

Усуп. Эмне жаңылык болсун... Кабайхан жарлык кылган экен, кечээтен бери, жигиттердин башы кетип атат, эчен-эчен.

Аалы. Э, кокуй, эмне жарлык экен?!

Усуп. Дарыянын түбүндө алтын кумара бар экен. Ошону кимде ким алып чыкса жарым байлыгын алат. Алып чыга албаса башы алынат. Хан жарлыгы ушул.

Аалы. Эч ким алып чыга албай атабы, анан?

Усуп. Ооба, эр жигитттердин башы алмадай үзүлүп атат.

Аалы. (Башын чайкап) Ай-ай-ай!.. Кайран жигиттер, ай! Балам, дарыянын жээгинде өсүп турган бир нерсе бар бекен?

Усуп. Чынар терек өсүп турат.

Аалы. (Каңырыгы түтөп) Алда акыр заман, ай, акыр заман! Жашсыңар да, жашсыңар! Акыл токтото элек кезиңер. Сен балам, анда, тезинен ханга барып кел. Жигиттер кырылып кала электе, кумарасын алып бер.

Усуп. (Чочуп кетти) Ата!.. Аны мен кайдан табам?! Ушунча эл алып чыга албаган кумараны, мен кантип алам?!

Аалы. (Башын чайкап) А-а-ай, балам, ай, балам. Жаштыгың да, жаштыгың! 

Усуп. (Ого бетер кызуулана) Кумараны алып берем деп, кара башымдан ажырасам, силердин көргөн күнүңөр эмне болот?! Ата?! Апа?!

Аалы. Балам, көрөсүң, кумараны оңой эле алып бересиң! Коркпой эле бара бер. Мен сени жамандыкка кыймак белем?

Батма. Балам, атаңдын айтканы жөн, чочулабай сөзүнө көн.

Аалы. Антпесең, бөөдөдөн-бөөдө дагы далай эр-азаматтардын башы кетет. (Кейип) Ушинтип олтурса, Кабайхан бир паста жигиттердин түбүнө жетет!

Усуп. (Кыйылып) Мейли, айтканыңызга көнөйүн. Бар десеңиз, барып деле келейин. Анда, кумараны кантип суу түбүнөн алам, ошонун сырын айтыңыз.

Аалы. Кулагыңды тос. Шыбырап коеюн, балам.

(Усуп кулагын тосот, Аалы шыбырайт).

Аалы. Түшүндүңбү, балам?

Усуп. (Элейип) Коюңузчу, ата?! Кантип ошондой болсун?! Аны сиз кайдан билесиз?

Аалы. Билбесем сага айтамбы, балам? Эсиңде болсо керек, көп эле нерсеге жооп табам.  Көп жашап, көптү көргөн атаң. Деги мен сага жаңылыш айттым эле, качан?

Усуп. (Муюшуп) Айтканыңыз дайыма туура чыгат.

Батма. И-и, ушинтип, жаштар карылардын насаатын угат. Улгайган кишинин тажырыйбасы мол болот, балам. Кары киши көптү көрөт, көптү билет. Көп нерсеге көзү каныккан болот. Ошон үчүн, “карынын сөзүн капка сал” деген макал чыккан.  

Усуп. (Башын ийкеп) Мен түшүндүм.

Он сегизинчи сахна

Чынар теректин түбү. Кабайхан көлөкөлөп, үргүлөп олтурду. Эки тарабында баягы эки желдети турду. Ошол маалда хандын алдына Шадыкан обозгер Усупту түртүп алып келди.

Шадыкан обозгер. (Ханга таазим этип) Улуу урматтуу ханым, мынабул бала билбейби алын же жеп атабы жанын. Айтор, сырын билем дейт, алтын кумаранын. Оңой эле алып берем дейт.

Кабайхан. (Көзү умачтай ачылды) Кумараны алып берем дейт дейсиңби?!

Шадыкан обозгер. Ооба, ханым!

Кабайхан. Капырай, алтын кумараны алып бере коем дегендердин аягы суюлуп калды эле. Бул же акыл-эси оордунда эмес жинди же жанынан аша кечкен неме!

Шадыкан обозгер. Ошону айттым, мен деле. Бирок, койчудай түрү жок, айткан сөзгө көнө!

Кабайхан. Эй, бала, көзүңдү кара! Билесиңби, кумараны алып бере албасаң, башыңа түшөөрүн кандай балаа?!

Усуп. Билем.

Кабайхан. Билсең!.. Мхи... алып чык анда кумараны, сунуну түбүнөн. Кана, көрөлүчү, эрдемсинген неменин, колунан эмне келээрин.

(Усуп кийимин чечпестен Чынар тереккке тырмышып чыга баштады).

Кабайхан. (Келекелей) И-и, коркконуңан акыл-эсиңден ажырап калдыңбы, бир паста? Же чынар теректин башына чыга качып кутулам деп турасыңбы, жазадан?! 

(Усуп унчукпай чынар тереккке жармашып өйдө чыгып баратты).

Кабайхан. (Келекелей) Э-эй, неме, көпкө чейин чынар теректин башынан түшпөй коем дебе. Кулагыңа кумдай куюп коеюн, кумараны алып бере албасаң, желдеттерим бир заматта сүйрөп түшүшөт жерге! Анан башыңды алмадай үзүп коюшат.

(Усуп унчукпастан чынар теректин учун көздөй тырмышып чыгып баратты).

Кабайхан. (Келекелей) А-а!.. Теректин башынан сууга секиргиң келип атабы? Ойлоп атасың го, ээ, бийиктен секирсем, терең кирем сууга деп. Мунуң акыл. Бирок, абайла, төбөң менен суунун түбүнө сайылып калба.

(Карап турду Усупту).

Кабайхан. (Мыскылдай) Эй, качан секиресиң сууга?!

(Усуптан жооп болгон жок).

Кабайхан. (Мыйыгынан) Качтыңбы? Каякка корголодуң? Чымчыккка кубулуп эле менден кутулуп кетпесең, бараар жериң жок, байкуш. Айтсам болбодуң! Эми, өз убалың өзүңө, эки кара көзүңө! (Желдеттерге) Азыр дароо алып түшүп, башын чаап салгыла!

(Эки желдет чынар терекке жармашты. Ошол маалда теректен түшүп келаткан Усуп  көрүндү).

Усуп. Убара болбоңуз, ханым! Өзүм эле түшүп келатам. Андан көрө, башкасын коюп, байлыкты кантип бөлүштүрөбүз, ошону ойлоно бериңиз.

Кабайхан. (Үрпөңдөй түштү) Мобул кер ооз эмне деп атат, ыя?!

Усуп. (Түшүп келди) Эч нерсе деген жокмун, ханым! Мына, алтын кумараңыз. Эми ойлонуңуз, деп атам, байлыкты кантип бөлүштүрүүнүн жайын! (Алтын кумараны хандын алдына коюп, таазим этти. Кабайхан баш болуп, Шадыкан обозгер, желдеттердин таң калгандан оозу ачылып турду).

Кабайхан. (Эсине келип, алтын кумараны кармалап көрүп) Эй, бала, каякта экен кумара?

Усуп. Чынар теректин кылда чокусунда.

Кабайхан. (Элейип) А суу түбүндөгү кумарачы?!

Усуп. Теректин чокусундагы кумара суу бетине чагылып, дарыянын түбүндө тургандай болуп көрүнүп аткан да.

Кабайхан. (Шадыкан обозгерге) Бар, кара, мобул неменин айтып атканы чын бекен?!

(Шадыкан обозгер сууга чуркап барып, ары бери үңүлүп, кайра келди, жүгүрүп).

Шадыкан обозгер. (Таазим эте) Бул баланын айтканы чын окшойт, ханым. Суу түбүндөгү кумара көрүнбөйт, дайын-оту билинбейт.  

Кабайхан. (Усупка сынай тиктеп, кекээрлей) Эй, бала, айтчы гана, кантип билдиң, кумаранын чынар теректин чокусунда илинип турганын?

Усуп. Ханым, кудай мынабул алтын башты бекер берет дейсизби, адамга? Ойлонсун, акыл топтосун деп берилген да.

Кабайхан. (Кекээрлей) Ыя, де? Чыйрак экенсиң. Бирок, сенин “алтын башыңдай” баш элдин баарында бар. Кана, айтчы, эмне үчүн сенин акылың жеткенге жетпей коюшту, алар? Ушунча жумурай журттун  “алтын башынын” акылы жетпеген нерсеге, кантип сенин акылың жетти? Таңым ба-ар, таңым бар. (Шадыкан обозгерге) Бул жерде бир сыр бар.

(Шадыкан обозгер унчуккан жок).

Кабайхан. (Кекээрлеп) Болуптур, сенин “алтын башыңдын” акылы жетиптир буга, анда эмне үчүн ушунча кишинин башы чабылгыча келген жоксуң, ыя?! Эмнени күтүп аттың? Кимди күттүң?!

(Усуп эмне деп жооп берээрин билбей башын жерге салып турду).

Кабайхан. (Мыскылдай) Көрдүңбү, мени алдагың келет. Бул сенин “алтын башыңдын” акылы эмес! Эй, бала, а мен алдатпайм, сага! (Каарданып) Чыныңды айт! Кана!

Усуп. Болгон чындыкты айттым, ханым. Дагы эмнени айтайын?

Кабайхан. (Каарданып) Көз көрүнөө ханды алдагысы келгенин кара! Баятан бери калп айтканың, жетет, эй, бала, бери кара, чыныңды айтпасаң, эми, ханга калп айтканың үчүн, башың кетет! (Желдеттерге) Алгыла! Алып барып зынданга  салгыла!

(Желдеттер Усупту эки жагынан шарт кармашты да, дыргаяктатып сүйрөп жөнөштү).

Он тогузунчу сахна

Кабайхандын сарайынын алдындагы аянт. Котологон эл. Аянтта дарга   орнотулган. Аңгыча эки желдет колу таңылган Усупту даргага жетелеп келишип, секиге чыгарышты. Эл күбүр-шыбыр болуп, жарданып күтүп калды.Элдин арасында Усуптун колуктусу Айсаамай турду, көзүнүн жашын көл кылып.

Эл. –Алтын кумараны алып берген улан ушул экен.

— Өтө хаш экен, бечера.

– Эмнеге даргага тарттырган атыптыр, хан, бул баланы?

— Алтын кумаранын кайда турганын им айтканын айттыра албай атыптыр.

— Өзүнүн акылы жетпейби?

— Ким билет...

Жарчы. (Жар айтып кирип келди аянтка) Хан келататат! Жол бергиле! Хан келатат!

(Эл жарыла берди. Аянтка обозгерлеринин, жан-жөкөрлөрүнүн коштоосунда Кабайхан кирди).

Кабайхан. (Элге кайрылып) Мобул бала, алтын кумараны алып берди мага. Бирок, каратып туруп, көз көрүнөө мени алдады. Ханды алдаганы үчүн мен муну жазага тартайын деп турам! Бирок, акыркы ирээт ырайым кылып атам. Эгер чынын айтса, анда жазадан кутулат! Алтын кумарага тете байлыктын жарымын алат. Жок, чынын айтпайт экен, башы алмадай гана үзүлөт!

Эл. (Чурулдап ийиишти) –Ай, бала чыныңды айт!

— Алтын башың аман калсын!

— Байлыкка туйтунасың!

— Укум-тукумуңа жете турган байлык аласың!

— Хан ырайым кылып атканда – жаныңды сактап кал!

— Байлык кара жерге кирсин, жаныңды ойло!

Кабайхан. (Кекээрлеп, Усупка) И-и, айтасыңбы чыңыды же жокпу?!

(Эл дымып, уланга кулак төшөп калышты. Бир гана Айсаамайдын көзүнүн жашы көл болуп турду).

Усуп. (Айтканынан кайтпай) Чынымды айттым. Башка сөз жок, менде, ханым.

Кайбайхан. (Жаалы келип) Анда мен да чечимимди өзгөрттүм, эми баары бир сени жазалайм: танда экөөнүн бирөөн — калп айтсаң – даргага астырып өлтүртөм, чын айтсаң — сууга чөктүрүп өлтүртөм! Хан жарлыгы эки эмес!

(Эл дымып, уланга кулак төшөп калышты. Айсаамай жаштуу жүзү менен Усуптан көзүн албайт. Улан ойлонуп калды, бир паска).

Кабайхан. (Усупту демитип) Бол, тез айт! Баары бир өлөсүң!

(Желдеттер шымаланышып, шайма-шай турушту. Эл дымып күтүп калды. Айсаамай үмттөнө Усупка тигилди).

Усуп. Алтын башка бир өлүм болгон соң ханым, тандадым – мени сууга чөктүрүп өлтүртүңүз!

(Эл дуу эте түштү. Айсаамай буркурап ыйлап ийди. Желдеттер уланга умтулушту).

Кабайхан. (Сөзгө түшүнбөгөн немече делдейе түштү) Сууга чөктүрүп?..

Усуп. Ооба.

Кабайхан. (Делдейген калыбында, уланга кайрылып) Чыныңды айтып атасыңбы?

Усуп. Чыным.

Кабайхан. (Эмне кылаарын билбей) Чыныңды айтсаң – даргага асылмаксың...

Шадыкан обозгер. (Сөзгө аралашып) Калп айтса – сууга чөктүрүлмөк...

Кабайхан. (Шалдая) Мен да ошону айтам... Чынын айтса – даргага асылмак, бирок бул сууга чөктүрүңүз деп атат. Сууга чөктүрсөм анда калп айткан болуп чыгат...

Эл. (Дуулдап ийди) –Сууга чөктүр деп атат!

— Анда чынын айтты да!

— Чын айтса даргага тартылыш керек да!

— Эми эмне болот?

(Айсаамай үмүттөнө Усупка тигилди, жашын тыйбай).

Шадыкан обозгер. (Аяр) Ханым, жарлыгыңзды кантип аткарабыз?

Кабайхан. (Кабагын чытып) Мен да ошону ойлоп атам. Мен ооздон чыккан калпыс сөзүмдүн туткуну болуп турам, эмне кылышты билбей. Чын дейин десем – даргага астырыш керек, калп дейин десем – чын ниетинен сууга чөктүр деп өтүнүп турат. Ал өтүнүчүн аткарайын десем – сөзүм эки болгон турат. Эмне кылабыз эми?

Шадыкан обозгер. Элге кайрылып көрбөйсүзбү, арасынан чыгаар, бирди-жарымы, жандырмагын чече турган.

Кабайхан. (Элге кайрылды) Араңарда барбы, ушунун жандырмагын таба турган бирөө?

(Эл күбүр-шыбыр боло баштады).

Эл. – Ой, чын эле, башкатырма болуп калыптыр муну сөзү!

— Өзү сууга чөктүр деп атса, эми муну даргага аса албайт да!

— Анда хандын сөзү эки болуп калбайбы!

 -Сууга да чөктүрө албайт, анда калп айткан болбойбу!

— Ошону айтсаң – мунун чын-бышыгын ким билет, улан өзү сууга чөктүр деп суранып атса.

— Анда да хандын сөзү эки болот!

— Акылдуу улан экен!

— Баракелде, тапканын кара!

— Эми, хандын эси эки болот.

Кабайхан. Кана ким жооп берет?

Эл. (Чурулдап) –Даргага асылбайт экен!..

— Сууга да чөктүрүүгө болбойт экен!

— Ырайым бериңиз, ханым!

— Башка аргаңыз жок!

(Кабайхан кабагын түйө ойлонуп калды).

Кабайхан. (Кабагын түйгөн калыбында) Акылдуу жигит экенсиң, хан башым менен баа бердим, сага. Азатсың! (Желдеттрерге) Бошоткула, муну!

Эл. (Чурулдап ийди) –Туура!

— Туура!

— Азаттык бериш керек болчу, буга!

— Акыйкаттан эле акылдуу жигит экен!

(Желдеттер дарганын алдында турган Усуптун колун чечип ийишти. Айсаамайдын кубангандан көзүнөн жаш кетти).

Кабайхан. (Усупка) Алдыма кел!

(Усуп хандын алдына келип, тазим кылып туруп калды).

Кабайхан. (Бир чети таң кала, бир чети сынай) Сен эмне мынча акылдуусуң? Ушунун сырын билейин деп, кызыгып  турам.

Усуп. (Башын ийип) Ата-энем көп жашаган, көптү көргөн, көптү билген акылдуу кишилер болсо, мен аларды көрүп, алардын сөзүн угуп чоңойсом, кандай болом, ханым?

Кабайхан. (Балага сынай карап) Бул менин ата-энемдин акылы дечи?

Усуп. “Акыл оошот, ырыс жугушат” дейт ханым.

Кабайхан. (Сынай карап) Аның туура. Сенден бир нерсени сурайын: ата-энеңди урматтайт экенсиң, сыйлайт экенсиң...

Усуп. Ата-энесин сыйлабас, ата-эненсин артык көрбөс ким бар, ханым?

Кабайхан. (Митаамдана) Мен да ошону айтып атам. Кана, айтчы капасыңбы, ата-энеңди Көйкапка жеткиргениңе? 

(Усуп буйдала түштү).

Усуп. (Ханга суроолуу тигиле) Ханым, сизге менин сөзүмдүн чындыгы керекпи же калп айтканымды каалап турасызбы?

Кабайхан. Мен кечээтн бери, бир нерсенин түйүнүн чече албай убара болуп атам – кумаранын чынар теректин башында турганын кантип билдиң дейм да? Ушул мага кызык болуп турат.

Усуп. Ханым, эгер элдин алдында, мени жазага тартпайм деп убада берсеңиз, анан сизден өтүнө турган бир арзыбаган өтүнүчүмдү орундатсаңыз – жандырмагын айтамын. Убада бербесеңиз, анда сыр сыр бойдон кала берсин.

Кабайхан. (Чыдамы кетип) Айт. Убада берем. Сураганың – орундалат. Хандын сөзү эки эмес!

Усуп. Бул –акыл атамдын акылы.

Кабайхан. (Чочуп кетти) Атамдын акылы дейсиңби?!

Усуп. Ооба, ханым

Кабайхан. (Кекете) Атаң түшүңө кирдиби?

Усуп. (Үлдүрөп) Ханым, айып менде – мен сиздин жарлыгыңызды аткарбай – ата-энемди өлүмгө кыйбай, катып койгом, жан киши таппас жерге!  

(Эл дуу эте түштү).

Эл. – Ата-энесин катып алыптыр!

Хандын жардыгын бузуптур!

— Азамат уул экен!

— Балага ата-энеден артык ким бар?!

Кабайхан. (Кабагы бүркөлүп) Анан?!.

Усуп. Анан... атам айтты ошол акылды: кумара суунун түбүндө эмес, чынар теректин башында деп.

Эл. (Чурулдап) –Акылыңа баракелде!

— Баракелде, ата болбосоң кое кал!

— Жалаң жаштардын башы чабылып кетип атты эле!

— Акыл карыларда турбайбы!

— Ханым, карыларга ырайым бериңиз!

— Көйкаптан кайтарып келиңиз!

Кабайхан. (Муюй түштү) Ушул акылды атаң бергени, ыраспы?

Усуп. Ырас, ханым, ырас!

Кабайхан. А-а, анда бул акыл — атаңдын акылы экен да?

Усуп. Ооба, ханым.

Кабайхан. (Башын ийкегилеп) Ошондой дейм да. Болбосо, ушунча жумурай журт жабылып жүрүп, акылыбыз  жетпеген нерсеге, эне сүтү оозунан кете элек боз уландын акылы жеткенине айран-таң болуп аттым эле. Көрсө, сыр түйүнү биякта турбайбы. Сен мени катуу ойго салып койдуң, бала. Капырай, ушунчабыздын оюбузга келбеген нерсени бир кары кишини жандырып койсо...

Шадыкан обозгер. (Аяр) Ханым, карыларсыз биздин мамлекеттин бөксөсү толооор бекен? Кокус, мамлекет башына кыйчалыш иш түшүп калса, акылман кеңешти ким берээр экен, бизге?

Кабайхан. (Муюшуп) Ырас, ырас...

Шадыкан обозгер. Ханым, анын үстүнө, сиз да кары болосуз, биз дагы кары болобуз...

Кабайхан. (Ойго түшүп) Мунуң да ак сөз, ак сөз. Мен калпыс жарлык чыгарган экемин, жаштыгым менен, өзүмдөй жаш кеңешчилеримдин алабарман тилине кирип. (Элге кайрылып) Бүгүндөн баштап, карыларга мунапыс жарыяладым!

Эл. (Чурулдап ийди) –Ыраазыбыз, ханым!

— Ыраазыбыз, ханым!

Кабайхан. (Усупка) Атаңды алып, артымдан ордого келесиң. Алтын кумаранын жарым байлыгы атаңдыкы экен. Алсын, өз колу менен! (Жөнөп кетти, жан-жөкөрлөрүн ээрчитип).

Эл. (Усупту көккө ыргытып, алкап атты) –Жаша!

— Жаша!

— Жаша!

(Айсаамайдын кабагы ачылып, кыз-келиндердин арасында жүзүн шаттык басып турду).

Жыйырманчы сахна

Кабайхандын ак сарайы. Кабайхадын башкы эсепчиси алтын кумараны ченеп-бычып, узун-туурасын эсептеп  жатты.

Кабайхан. Бүттүңбү? Жарым байлыгы канча болот экен? Жанагы кумараны тапкан уланга... жок, тиги атасына, канча байлык тиет экен, ошондо?

Башкы эсепчи. Аз калды, ханым. Акыркы ирээт аныктап алайын тагын.

(Ошол учурда Шадыкан обозгер Усупту алдына салып ордого кирип келди. Экөө тең ханга жүгүнүштү).

Кабайхан. (Таң калып) Эй, бала, атаң гана? Өзү келсин дебедим беле, мага? Же айтканымды уктуң беле, чала?

Усуп. Атам сизге аманат берип жиберди (койнунан куш тилиндей кагаз алып чыгып ханга узатты).

Кабайхан. (Усупка) Обозгерге бер.(Шадыкан обозгерге) Оку, обозгер.

Шадыкан обозгер. (Усуптун колундагы катты алды)  “Улуу урматтуу ханым, карыларга ырайм эткениңизге кубанып турабыз. Кеменегерлик кылдыңыз. Эми, алдыңызга бара албаганымдын чоо-жайын айтайын. Карыган чакта бөтөн бирөөнүн байлагына көз артсам – абийирден кетпейимби.  Кумаранын ээси табылса, уятка калбайымбы, ханым. Кудай сизге нысап берсин, ханым”.

Кабайхан. (Чочуп кетти) Эмне, алтын кумаранын ээси барбы?

Усуп. Атам ошентип айтты, ханым.

Кабайхан. (Ойлоно түштү) “Кудай сизге нысап берсин” дептир атаң. Анысын түшүнүп атам – бөтөн бирөөнүн алтын кумараны энчилеп ала албайсыңар дегени турбайбы. Башка айтаарың жокпу?

Усуп. (Жүгүнүп) Жок, ханым. Уруксаат берсеңиз, кете берейин.

Кабайхан. (Маанайы чөгө) Уруксаат.

(Усуп жүгүнүп чыгып кетти. Шадыкан обозгер кошо чыкты, Усуптун артынан).

Башкы эсепчи. (Кабайханга карап) Ханым, эсебимди уланта берейинби?

Кабайхан. (Көңүлүлү чөгө) Ээси табылгыча кое туралы. Алтын кумараны казына башына тапшыр, жакшылап бекитсин.

(Башкы эсепчи кумараны көтөрүп жөнөмөкчү болду. Ошол учурда Кабайхандын алдына Шадыкан обозгер кирди, Жолболду карыяны  алдына салып алып).

Шадыкан обозгер. (Ханга таазим этип) Мынабул киши сизге датым бар дейт.

Кабайхан. (Жолболдуга) Эмне дат, карыя?

Жолболду карыя. (Дагы таазим эте) Ханым, карыларга мунапыс берип, акылмандык кылдыңыз. Аныңызга эки дүйнөдө ыраазыбыз. Эми дагы бир ирээт айкөлдүк кылып коюңуз – алтын кумараны ээсине берип.

Кабайхан. (Сынай) Алтын кумаранын ээси бар беле? 

Жолболду карыя. Ээси жок да буюм болчу беле, ханым.

Кабайхан. (Кабагы бүркөлө) Ээси ким эле?..

Жолболду карыя. (Аста-секин) Ээси мен элем, ханым...

Кабайхан. (Кабагы түйүлүп) Эй, карыя, байлыктын атын угуп напсиң бузулуп турган жокпу, карыган чагыңда?

Жолболду карыя. Жок, ханым, сиз айткандай карыган чакта ошентсем, абийирден накта кетпейимби. Алтын кумара акыйкаттан эле меники.

Кабайхан. (Кабагын түйүп) Эй, карыя, сеники экени чын болсо, кантип чынар теректин башына барып калды? (Мыскылдай) Же уурулар уурдап баратып калтырып кетиптирби?

Жолболду карыя. Мен өзүм калтырдым эле, чынар теректин башына.

Кабайхан. (Түшүнбөй) Кантип?

Жолболду карыя. (Аяр) Сиздин жарлыгыңыздан кийин, уулум мени Көйкаптын тоосуна жеткирип баратканда, ушул чынар теректин чокусуна калтырып кеткем, атайылап. Эгер мага ишенбей турсаңыз, кумаранын оозунун ички бетин карасаңыз, биздин уруунун эни турат, чегерип түшүрүлгөн.

Кабайхан. (Башкы эсепчиге) Карачы, кумараны, мунун айтканы чын бекен?

(Башкы эсепчи дароо кумаранын оозунун ички бетин карады).

Кабайхан. (Чыдамсыздыны) Эмне экен?

Башкы эсепчи. Айтканы чын экен, ханым. Эни турат, оозунда, уруунун.

Кабайхан. (Кабагы ого бетер бүркөлө түштү) Болуптур, кумаранын ээси экениң чын экен. Эмне үчүн анда чынар теректин башына илип кеттиң же бала-бакыраңа байлыкты ыраа көргүң келген жокпу?

Жолболду карыя. Бала-бакырамдан айланайын, ошолордон кантип аяйын.

Кабайхан. Түшүнбөй турам, анда, максатыңа?

Жолболду карыя. Ханым, эгер одоно айтсам ырайым этээрсиз – сиз карыларга жарлыгыңызды ойлонбой жарыя кылганыңызды түшүнсүн деп, чынар теректин башына атайы илип кеттим эле, муну.

Кабайхан. (Кабагын чытыган бойдон) Алтындан башка нерсе калтырсң болбойт беле?

Жолболду карыя. Алтындан башкага адамдын көңүлү оңой менен бурулабы, ханым? Чүпүрөк илип койсом ким карайт эле? “Чүпүрөктү алып түшүп бер” деп сиз кимди убара кылат элеңиз? Туурабы ханым?

Кабайхан. (Муюшуп) Аның туура.

Жолболду карыя. Анын үстүнө эмне буюмду, кандай затты дарак башына илбейин, алтындай болуп жаркылдап чагылыша алат беле, суу бетинде?

Кабайхан. (Муюшуп) Мунуң да туура. А сен кайдан билдиң, биз кумаранын чынар теректин башына илингенин таппасызбызды? Эч ким муну таппасын?

Жолболду карыя. (Мыйыгынан) Ханым, адам ойломок беле, байлыкты, болгондо да ушунча алтынды жөн эле бактын башына илип коет, бирөө деп. Байлыкты адам бекем катат. Аны ар бирибиз ошентип ойлойбуз. Ошон үчүн, ары-бери өткөн эл, байлыкты кайтаруусуз турган бактын башынан эмес, көк иримдеп агып жаткан суунун түбүнөн гана издемек.

Кабайхан. (Ого бетер муюша) Ие-ие-ие... акылыңа баракелде! Бирок, ишенгениң ким эле, карыя?

Жолболду карыя. Ишенгеним... эл ичинде сиздин жарлыкты аткарбай, ата-энесин жашырып кое турган боорукер бирии-экин жаштардан болоор деп үмүттөнгөнмүн. Оюум туура чыкты. Мындай табышмакты кыраакы карыялар гана жандыра алмак. Мен ошого тилек кылдым эле, ал тилегим да орундалды. Ошондо сиз акылдын кенчи карыларда экенин билип, бизге ырайым этээрсиз деп ойлогом, аным да ишке ашты, ханым.

Кабайхан. (Ойлонуп калды, башын ийкеп) И-и, де... Көрсө, акылмандык карыларга таандык экен да...

Шадыкан обозгер. (Кубаттап) Аныңыз чын, ханым, аныңыз чын.

Кабайхан. (Ойлуу) Капырай, эмне үчүн муну мурдатан ойлонгон жокмун?

Жолболду карыя. Ханым, сизди да көкүткөн, шыкактаган бирөөлөр болгон чыгаар, сиз ошолордун тилине кирсеңиз керек.

Кабайхан. (Таң калып) Аны кантип билип алдың?

Жолболду карыя. Бул тек гана менин божомолум, ханым. Хан өз кулагы менен укканга, өз көзү менен көргөнгө караганда, бирөөлөрдүн айтканына, дегенине тез ишенет эмеспи.

Кабайхан. (Муюшуп) Мунуң да чын, карыя, мунуң да чын. 

Жолболду карыя. (Таазим эте) Ырахмат, ханым, ырахмат!

Кабайхан. (Ойлоно түшүп, Жолболдуга) Силер мени жеңдиңер.

Жолболду карыя. (Башын чайкап) Жок, көптү  көргөн, көптү билген, көпкө көзү каныккан адамдын акылы жеңди, ханым. Акыл жеңди.

Кабайхан. (Муюша) Ие-ие, муну да туура айттың. Кумараң өзүңдүкү, алып кете бер.

Жолболду карыя. (Кыйыла) Ушунча жыл жыйнаган маңдай терим эле, учуру келгенде соопчулук үчүн бей-бечера, жарды жалчыларга кайрылышайын деген ниетим бар болчу, ханым. Азын алайын, көбүн казынага калтырайын, багар-көрөрү жокторго берген жардамым ушул болсун.

Кабайхан. (Карыяны таң кала карап) Капырай, бул карылардын ар бир жасаган ишинин мааниси терең белем.

Жолболду карыя. Жаш өткөн сайын, жаман-жакшыны ылгай албасак – анда биздин эмнебиз кары?

Кабайхан. (Башын ийкеп) Ооба, ооба... Менде бир сунуш бар, карыя – мага кеңешчи болуп бер.

Жолболду карыя. Сунушуңузга ырахмат ханым, сиз минтип карылардын акылын барктап атсаңыз, кантип жок деп айта аламын, колдон келген акылымды кошуп турайын. Эми уруксаат болсо, барайын.

Кабайхан. Бара бер карыя.

(Жолболду ордодон чыга жөнөдү).

Шадыкан обозгер. (Кабайханга тазим эте) Мунуз кеменгер чечим болду, ханым. Табияттын мыйзамы ушундай экен – жаштык жалын менен көптү көргөн көсөм карынын топтогон акылы айкалышса гана – элдин-жердин ырыскысы артат экен.

Кабайхан. (Башын ийкегилеп) Аның чын, аның чын. (Ойлуу) Карылык – алтын кумарадай экен...

 

Бүттү.

 

26.02.12. (14.07.12.— 23.07.12. 21.09.12. -25.09.12 )

 


Количество просмотров: 892