Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Кулмамбетов Ж.О., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 22 декабры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Канат менен Зарина

(2 бөлүмдүү драмалык версия)

Бишкектик кыз-улан-Зарина менен Канаттын трагедиялуу сүйүү баяны

Катышуучулар:
Зарина.
Канат.
Заринанын апасы.
Чоочун киши.
Кызматчы кыз.
Айка.
Официант.
Киши. 


Биринчи бөлүм

Биринчи сахна
(Пролог ордуна)

Шаар. Кечкурун. Бульвар менен Заринанын апасы келатты, эки жагын карап, бирөөнү издегенсип. 
Заринанын апасы. (Үнү каргылдана, өзүнчө күңгүрөнүп) Сен баскан жерлер… Сен жүргөн жерлер… Күн сайын ушул жерлерди акмалап келем. Жарк этип маңдайымдан чыга калчудай сезилесиң… (Көзүнө жаш толо түштү) Элесиң көз алдымдан кетпейт, өзүң жоксуң… Үнүң кулагымдан кетпейт, өзүң жоксуң… (Тамагы буула) Сени таба албай томсоруп кайра кетем… (Узакка созулган пауза. Андан соң Заринанын апасынын мобильниги чырылдады) Угуп атам… И-и… Мен… Саламатчылык… Эмнени сурайт элеңер?.. Мен шаардын ичинде жүрдүм эле… Эртең келбейсиздерби, офиске. Бүгүн дейсиңерби?.. Анда үйгө келгиле, адрести берейин… Аябай шашылыш дейсиңерби?.. Эркиндик бульварындамын… Мейли, күтүп турайын. (Пауза. Кайрадан өзүнчө күңгүрөнүп) Сен жөнүндө сурайбыз дейт.Интервью алат элек дейт… Сен жөнүндө айтып бериш мен үчүн канчалык оор экенин эч ким билбейт. Бирок, адамдардын шагын сындырган да болбойт. (Пауза). Түшүнөм, түшүнөм эмне үчүн кеткениңди. Баарын түшүнөм. Бирок, сенин оордуңду кантип толтурам?! Кантип?!. (Көзүнөн жаш кетти. Пауза).

Экинчи сахна

Шаардын ичиндеги сквер. Фонтан атылып атты. Күүгүм кирип калган учур. Көчөнүн фонарлары жаркырап күйүп турду. Скверди аралап кыз-улан келатышты, катар басышып. Бош орундуктун жанына келишкенде экөө тең токтоп калышты.
Улан. (Кызга) Олтуралыбы? 
Кыз. Мейли…
(Экөө орундукка олтура кетишти).
Улан.Биз бири-бирбиздин атыбызды да билбейбиз?
Кыз. (Жылмая) Зарина.
Улан. Канат. Атың жакшы экен, аябай!..
Зарина. Сеники андан да жакшы экен.(Күлүп) А мен просто… Зайкамын.
Канат. Эмне үчүн Зайка? 
Зарина. (Күлүп) Мени ушинтип эркелетишет, үйдөгүлөр.
Канат. (Тартына) Мен да Зайка дей берсем болобу? 
Зарина. (Күлүп) Сен да мени эркелеткиң келип атабы?
Канат. (Уялып кетти) Жок… Просто… Ошентип айткым келип атат… 
Зарина. (Күлүп) Анда, ошентип айта бер, сага уруксат.
(Пауза).
Канат. Зарина… 
Зарина. (Тамашалай) Зайка…
Канат. (Кызарып кетти) И-и… Зайка…
Зарина.. Угуп атам. 
Канат. Эмне үчүн мурда көргөн жокпуз, бири-бирибизди? Дайыма чогуу окуп жүрүптүрбүз, бир мектепте…
Зарина. Билбейм… Көрүшүп эле жүргөндүрбүз, бирок көңүл бөлгөн эмес болушубуз керек.
Канат.(Башын чайкап) Жок, мен сени таакыр көргөн эмесмин.
Зарина. (Тамашалай) “Эгер көрсөм, “о-ой Зайка турбайбы” деп чуркап келет элем” дечи.
Канат. (Күлүп ийди) Аябай тамашөкөй экенсиң.
Зарина. (Күлүп) Анчалык деле тамашөкөй эмесмин. Просто, көп эле толкунданан бербей, атмосфераны жеңилдетейин деп атпайымбы.
Канат. Зарина…
Зарина. (Күлүп) Зайка.
Канат. Зайка… Сен да толкунданып атасыңбы?
Зарина. (Күлүп) Байкалбайт бекен менден? 
Канат. Мен эле толкунданып аткам го деп ойлогом.
(Пауза)
Зарина. Кызык… Эмне үчүн адамдар толкунданышат, ыя?
Канат. Башкалар эмне үчүн толкунданат, билбейм… А вот, биз…
Зарина. (Оюнга айлантып) “Это такая волнующая встреча двух… лидеров Киргизии и Китая” дейсиңби.
Канат.(Капысынан каткырып күлүп ийди, башын чайкап) Зайка… Зайка… 
(Зарина кошо күлүп атты).
Зарина. (Күлкүлөрү тыйылган соң) Толкунданбай калдыңбы, эми?
Канат. (Демин басып) Ооба. Сенчи?
Зарина. Мен дагы. Ну, кандай ойлоп таап койдум?
Канат. (Өрөпкүп) Отлично!..
Зарина. (Оюнду улантып) Господин, Цзень-Цзяминь…
Канат. (Оюнга кошулуп) Эмне үчүн мен кытаймын?
Зарина. Анткени… Сен кытайга окшошсуң! (Күлүп ийди).
Канат. (Моюн толгоп) Жок, жок, жок… Мен чистокровный кыргызмын. А вот сен…
Зарина. (Көзүн ойноктото) Папуаска!.. (Каткырып ийди)
Канат. (Кошо каткырды) Да… да… да…
(Экөө көпкө чейин токтобой күлүп атышты).
Зарина. (Күлкүсүн тыйып, айлананы суктана карады) Аябай сонун кеч болуп турат, ээ?!.
Канат. (Эргип) Прекрасный вечер!..
Зарина. (Фонтанды суктана тиктеди) Какой красивый фонтан!.. Мен биякка көптөн бери келе элек болчумун. Оказывается, здесь так красиво… 
Канат. Изумительно красиво!..
(Кичине тынымдан соң) За… Зайка…
Зарина. (Көздөрүн ойноктото) Угуп атам сизди.
Канат. (Тартына) Жигитиң барбы?
Зарина. (Күлүп) Таанышайын дедиң беле?
Канат. (Уялып кетти) Ну… тамашасы жок эле айтчы?
Зарина. Тамашасы жок элеби?.. Мен эркин кушмун…
Канат. (Апкаарый түштү) Чынбы?
Зарина. Чып-чын.
Канат. (Апкаарыганы жасылбай) Что-то ишене албай атам…
Зарина. (Күлүп) Эмнеге?
Канат. (Апкаарыганы жасылбай) Сен сыяктуу кыздын кантип жигити жок болсун.
Зарина. (Тамашалай) Мен эмне фотомодель бекемин?
Канат. (Апкаарыганы жасылбай) Чынбы?
Зарина. Чын!..
Канат. (Үнү калтырап кетти) Сен аябай… Аябай… Аябай, жылдыздуу экенсиң!..
Зарина. (Күлүп) И-и де!.. Ошон үчүн жигиттер чиркейдей жабыша берет дечи? (Көздөрүн ойноктото) Наверное, өзүң да далай кыздарга тийишсең керек?
Канат. (Үнү дирилдей) Мен ушул кезге чейин эч кимди сүйүп көрө элек болчумун!
Зарина. (Жүзү албыра түштү) Мен дагы…
(Пауза).
Канат. (Тартына) За… Зайка…
Зарина. (Олутту тартып) Айта бер, кулагым сенде.
Канат. (Тартына) Знаешь…
(Пауза).
Зарина. Айта бер, айта бер…
Канат. (Толкунданып) Айтсам… (Пауза) Почему-то айта албай атам…
Зарина. (Толкунданып) Айтканга кыйын болуп атабы?
Канат. (Башын ийкеп) Аябай кыйын болуп атат…
Зарина. (Күлүп ийди) Кыйналып атсаң айтпай эле кой, башка учурда деле айтасың. Жүрү, андан көрө, погуляем.
(Экөө орундуктан турушуп, түнкү скверди аралап кетип баратышты).

Үчүнчү сахна

Түн ортосу. Заринанын квартирасы. Кызматчы кыз тынчсыздана телефондун жанында олтурду.
Кызматчы кыз. (Өзүнчө күбүрөнүп) Мындайы жок эле, эмне болду?.. Дайыма эле эрте келчү эле үйгө. Эмне кылсам?.. (Колун аяр узатып телефонду алды да, чала баштады) Алло!.. Клара эже, бул мен… Кечирип коюңуз кеч чалып атканыма… Зарина барган жок беле силерге?.. Жок дейсизби?.. (Мукактана түштү) И-и кечигип атат… Мектептен тарагандан бери келе элек болуп атат… Таакыр минтчү эмес… Билесиз да, дискотекаларга да барбайт… Жана чалгам, бир классташ кызына… “Мектепте общее собрание болгон” дейт. “Анан тараганбыз дейт” дейт… “Үйгө эле кеткен болуш керек эле” дейт… Билбейм, эже… (Үнү каргылданып) Коркуп атам, аябай… Кокус…
(Ошол маалда эшиктин коңгуроосу кагылды) Клара эже!.. Трубканы кобой туруңуз, келди окшойт!.. Мен азыр!.. (Эшикти көздөй чуркады. Бир аздан кийин Зарина экөө ээрчишип киришти).
Зарина. (Күнөөлүдөй башын жерге салып) Сары санаа болуп атасыңбы?
Кызматчы кыз. (Таарыныч кылып) Кантип сары санаа болбой коёсуң. (Телефондун трубкасын ала койду) Клара эже!.. Ооба, Зарина экен!.. Мына, азыр!.. (Заринага) Клара эже сүйлөшөм дейт. (Телефондун трубкасын сунду).
Зарина. (Трубканы алып) Алло… Мен эле… (Күнөөлүдөй) Ошондой болуп калды, мама… Баары жакшы эле… Нет, нет, баары нормально… (Ыңгайсыздана) Кийин айтайынчы… Кечирип кой, мама… Мейли анда, жакшы жатыңыз мама… (Трубканы оордуна койду).
Кызматчы кыз. Уруштубу?
Зарина. (Жылмайып) Жок. Жөн эле “Эмне үчүн мынча кеч келдиң? Мен биякта санааркап атпаймынбы. Эмне болду?” дейт
Кызматчы кыз. Конечно, ошентет да. Мурда вообще мындай болбосо, анан... (Кичине тынымдан соң) Каякта жүрдүң?
Зарина. (Жылмайып) Көчөдө эле…
Кызматчы кыз. (Таң калып) Көчөдө?..
Зарина. (Жылмайып) Ооба.
Кызматчы кыз. (Ого бетер таң калып) Ушу кезге чейин көчөдө жүрдүңбү?
Зарина. (Жылмайып) И-и…
Кызматчы кыз. (Ансайын таң кала) Жалгызбы?!.
Зарина. (Жылмайып) Жок… Жалгыз эмес.
Кызматчы кыз. (Таң калганы ого бетер күчөп) Бирөө менен жүрдүңбү?
Зарина. (Жылмайып) Конечно…
Кызматчы кыз. Подружкаларың мененби?
Зарина. (Башын чайкап) Жок…
Кызматчы кыз. (Жүрөгү түшө) Жок?!. Анан ким менен?!.
Зарина. (Жылмайып) Ким менен?.. Бирөө менен…
Кызматчы кыз. (Өңгөчүн тартып) Бирөө менен?!. Ма-моч-ка-а!.. Эмнени угуп атам ыя?!.
Зарина. (Күлүп ийди) Анчалык эмне болуп кетти?
Кызматчы кыз. (Ого бетер таң калып) Зар-ина?!.
Зарина. (Күлкүсүн тыя албай) Угуп атам…
Кызматчы кыз. (Аябай тынчсыздана) Ал ким?!.
Зарина. (Күлкүсүн араң тыйып) Ким болмок эле… (Көздөрүн ойноктото) Киши…
Кызматчы кыз. (Көзү чанагынан чыкчудай болуп) Ки-ши?!.
Зарина. (Бышкырып ие жаздап) Киши болбогондо мокочо дейсиңби…
Кызматчы кыз. (Үрпөйө) Карган кишиби, же жаш кишиби?
Зарина. (Тамашага чалып) А карыган киши болсо эмне экен?
Кызматчы кыз. (Оозу ачылып) За-ри-на?!. Эмне деп атасың, ыя?!.
Зарина. (Олуттуу тарта) Тамашалап атам.
Кызматчы кыз. (Ишенээр-ишенбесин билбей) Чын элеби?
Зарина. Чын.
Кызматчы кыз. (Жүрөгү ордуна келе) Ошондой десең, кишинин жүрөгүн түшүрбөй.
Зарина. Ага эмнеге жүрөгүң түшөт экен?
Кызматчы кыз. Түшөт да. Чоң киши деген опасный да.
Зарина. (Жылмая) Эмнеси “опасный?”
Кызматчы кыз. Конечно. Жаш кыздардын башын айлантып туруп… 
Зарина. (Үнүн алсыз чыгара) Карма!.. Карма!.. Жыгылам!..
Кызматчы кыз. (Чочуп кетип Заринаны кармай калды) Эмне болду?!.
Зарина. (Башын басып) Башым!.. Башым айланып калган окшойт!.. (Каткырып күлүп ийди).
Кызматчы кыз. (Тамаша экенин түшүнө салып кошо күлдү) Койчу Зарина, ушинтип да тамашалайсыңбы, кишини?
Зарина. (Күлүп)Чын эле… Башым кичине-кичине айланып турат.
Кызматчы Кыз. (Түшүнбөй) Эмнеден?
Зарина. (Жылмая) Бүгүнкү кечти эстесем башым айланып кетип атат.
Кызматчы кыз. (Заринага тигилип) Айтчы эми, тамашага бура бербей. Ким ал?
Зарина. (Зарина ичи элжирей) Прекрасный юноша!..
Кызматчы кыз. Юноша дейсиңби?
Зарина. (Башын ийкегилеп) Менин мектебимде окуган бала…
Кызматчы кыз. Классташыңбы?
Зарина. Жок . Менден бир класс төмөн окуйт.
Кызматчы кыз. (Кызыкканы күчөп) Мурдатан тааныш белеңер?
Зарина. Жок. Жаңы тааныштык. Мектепте общее собрание болгон, актовый залда…
Кызматчы кыз. Билем, классташ кызың айткан.
Зарина. (Ичи элжирей эскерип) Ошол, классташ кыздарым менен чогуу олтургам бир катарда. Анан алдыңкы катардан бир бала башын артына буруп биз тарапты карады. Экөөбүз тиктешип калдык.
Кызматчы кыз. Анан?..
Зарина. (Иыи элжирей) Анан.. ошол… Бир кызыктай боло түштүм.
Кызматчы кыз. (Ого бетер кызыгуусу артып) Кандай?
Зарина. (Ичи элжирей эскерип) Денем ымыр-чымыр болуп…
Кызматчы кыз. Ток ургансыппы?
Зарина. Ооба. Анан собрание бүткөндөн кийин, өзүмдөн өзүм эле почему-то бирөөнү күткөнсүп туруп калыптырмын. Ал менин жаныма келди.
Кызматчы кыз. (Чыдамы кетип) Анан?
Зарина. (Ичи элжирей эскерип) Мектептен чогуу чыгып, шаар аралап басып жүрдүк. Ошол... (Пауза).
Кызматчы кыз. (Заринаны суктана карады) Чын эле сүйүп калдыңбы?
Зарина. (Жылмая) Билбейм… Бирок эстеген сайын эмнегедир жүрөгүм алып учуп атат.
Кызматчы кыз. (Кубана) Точно сүйүп калыпсың!..
Зарина. (Жылмая) Ошондой го…
Кызматчы кыз. Аты ким экен?
Зарина. (Ичи элжирей) Канат.
Кызматчы кыз. Аты жакшы экен. Такой романтичный, возвышенный.(Кичине тынымдан соң) Странно…
Зарина. Эмнени айтып атасың?
Кызматчы кыз. Классыңдагы толтура балдар сага ашык болушту эле. Бирөөн да карачу эмес элең. Эми карасаң…Мен ойлочумун, сен эч качан эч кимди сүйбөйт болушуң керек деп.
Зарина. Мен да ойлогон эмесмин. 
Кызматчы кыз. Эмнени?
Зарина. Ушундай болушу мүмкүн деп. 
Кызматчы кыз. (Заринаны кучактап, чоп эткизе өөп ийди) Зарина!.. Бул деген бакыт да!.. 
Зарина. (Жылмая) Эмнени айтып атасың? 
Кызматчы кыз. (Кубанычтуу) Сенин башыңа сүйүү келгенин айтам!..
Зарина. (Бактылуу күрсүнүп) Да-а, чын эле… Знаешь, мен сага бир нерсе айтайынбы?
Кызматчы кыз. И-и?..
Зарина. (Күлүп) Сени күйөөгө мен берем.
Кызматчы кыз. (Күлүп) Кантип?
Зарина. Кантип… (Ойлонуп калды) Билбейм, Кээде менде бир кызыктай сезим боло берет да дайыма.
Кызматчы кыз. (Кызыга түштү) Ал эмне сезим?
Зарина. Как-будто мен сени өз колум менен күйөөгө узатып аткандай эле боло берем.
Кызматчы кыз. Ой, мамочка !.. Чын элеби?
Зарина. Чын эле.
Кызматчы кыз. (Күлүп) Давай, узат анда . Калыңды кө-өп, кө-өп ал.
Зарина. (Тамашалай жооп берип) Кө-өп алам…
Кызматчы кыз. А балким шестисотый “Мерседес”… Джип “Чероки”…
Зарина. (Күлүп) А балким “Боинг”?..
Кызматчы кыз. (Күлүп) “Боинг”?.. Жок, аз да.
Зарина. (Күлүп) Анан эмне?
Кызматчы кыз. (Күлүп) Так-так… Космический корабль!..
Зарина. (Күлүп) “Шаттлбы”?..
Кызматчы кыз. (Күлүп) Мейли “Шаттл” болсун…
Зарина. (Күлүп) А тиги киши ким?
Кызматчы кыз. (Күлүп) Кимди айтасың?
Зарина. (Күлүп) Күйөө баланы айтам?..
Кызматчы кыз. (Түшүнбөй) Ким болмок эле?..
Зарина. (Күлүп) Милионерби же миллиардерби?
Кызматчы кыз. (Каткырып) Мультимиллиардер!..
Зарина. (Күлүп) Прекрасно!.. Знаешь, Мультимиллиардер деген эки “Шаттл” берип коёт да, керек болсо.
Кызматчы кыз. (Күлүп) А үч “Шаттл” берсечи?.
Зарина. (Күлүп) Мейли үчтү берсе үчтү берсин!...
Кызматчы кыз. (Күлүп) Мына эми, сен үч “Шаттлдуу” болдуң!..
Зарина. (Күлүп) Аябай байып кеттим ээ!.. (Кичине тынымдан соң) А сүйүүчү?..
Кызматчы кыз. (Күлүп) Кайсы сүйүү?.. 
Зарина. А если сен аны сүйбөсөңчү?.. 
Кызматчы кыз. (Күлүп) Даже, Квазимода болуп кетсин!.. Баары бир сүйөм!.. 
Зарина. (Күлүп) Ал карып, баспай калган киши болсочу?
Кызматчы кыз. (Күлүп) Мага десе оордунан тура албаган чал болсун! Любовь зла-полюбишь козла!
Зарина. (Каткырып) Козла?!.
Кызматчы кыз. (Каткырып) Ну и что?!. (Күйөөсүн эркелетип аткандай түр көрсөтүп) Коз… лёнок, ты мой!.. Коз…ёл, ты мой!...
Зарина. (Күлүп атып ыкшып калды) Койчу, ай!.. (Боору эзилгенче күлүп атты)
Кызматчы кыз. (Күлкүсүн токтото албай) Ич-им, ий!.. Ич-им!..
(Пауза).
Зарина. (Күлкүсүн араң тыйып) Ушундай бир күлдүк…
Кызматчы кыз. (Кызматчы кыз күлкүсүн араң токтотуп) Боорум эзилип кала таштады… Как хорошо жаным жыргап калды.
Зарина. (Көңүлү көтөрүңкү) Эта смехотерапия… 
Кызматчы кыз. (Заринаны колдон тартып) Жүрү, эми, тамак ич.
Зарина. (Күлүмсүрөй) Тамак ичким келген жок.
(Пауза).
Кызматчы кыз. (Заринаны колдон тартып) Жүрү, жүрү. (Күлүп) Любовь-прекрасна, но кушать надо.
Зарина. (Күлүп) Ладно. 
(Экөө ашканага чыгып кетишти).
  
Төртүнчү сахна

Жайдын толуп турган кези. Альплагердин ичи. Айлана ээн. Аңгыча Канат менен Зарина киришти, жетелешип. 
Зарина. (Жүзүнөн шаттык төгүлүп) Ой, как красиво, тут!.. Альплагер деген ушу турбайбы, ээ?!.
Канат. Көрдүңбү!.. А сен келбейм дедиң эле.
Зарина. (Тамашалай) Корком да.
Канат. Эмнеден?
Зарина. (Тамашалай) Карышкыр болсочу.
Канат. (Күлүп) Каяктагы карышкыр… Болсо дагы, адамдарга тийбейт да.
Зарина. (Күлүп) А мага сөзсүз тиет.
Канат. А эмне үчүн?
Зарина.(Көзүн ойноктото) Я же-Зайка.
Канат. (Каткырып ийди) А-а-а… (Үнүн жасап) Ну, погоди, Заяц!..
Зарина. (Калп коркуп) Ой, кандай ужасный карышкыр!..
Канат. (Ансайын күчөп) Ну, погоди!.. Погоди!..
Зарина. (Каткырып качып берди) Люди!.. Люди!.. Жардамга!.. Жардамга!.. Карышкыр кууп келатат, артымдан!.. Жардамга!.. Жардамга!.. (Кыйкырып баратты).
Канат. (Күйүгө түшүп, жүрөгүн басып олтуруп калды) Зайка!.. Болду, эми. Болду. Адамдар укса, чуркап келишпесин, эмне болуп кетти деп. Өх!..
Зарина. (Токтоду да, жүрөгүн баскан Канатты көрүп жанына чуркап келди) Эмне болду сага?!.
Канат. (Жайдары болууга тырышып) Эч нерсе… Жөн эле, бир аз күйүгүп… 
Зарина.(Кабатыр боло) Өңүң бозоро түшүптүр!..
Канат. (Жайдары болууга аракеттенип) Эч нерсе болгон жок, мага. Коркпо.
Зарина. (Кабатыр боло) Жүрү, кетели!..
Канат. (Демин басып) Жок. Эч жакка кетпейбиз. Всё нормально.
Зарина. (Канаттын жүзүнө тигилип) Да… Өңүң бир аз оңоло баштады. Эмне болду?
Канат. (Күлүмсүрөп) Бул жердин абасы бийик да, шаарга караганда. Ошон үчүн болсо керек… (Пауза) Азыр, всё о кей. (Оордунан туруп Заринанын бетинен чоп эттире өөп койду) Сен олтура тур, ушу жерде. А мен…
Зарина. Мен кошо барайынчы.
Канат. Бат эле келем… Олтура тур, эки жакка көз салып.
Зарина. Канат… 
Канат. Зайка, пожалуйста!.. (Тез-тез басып кетти).
Зарина. (Канаттын артынан) Только, тез кел!.. (Эки жакты карап аттын башындай болгон ташка олтура кетти. Аңгыча жашы кырктан өтүп калган лөкүйгөн бир киши көрүндү. Зарина оордунан тура калды).
Чоочун киши. Сен чакырдыңбы жардамга?
Зарина. (Чочулай)Жок…
Чоочун киши. Как, жок?.. “Карышкыр!.. Карышкыр!.. Жардамга!..” деп кыйкырып атпадың беле?
Зарина. (Уялып кетти) А-а-а… Мен… Жөн эле… тамашалап эле кыйкырып койгом.
Чоочун киши. Кимди тамашалап? Мениби?
Зарина.(Ого бетер уялып) Жок, жок!..
Чоочун киши. Мхи!.. Тээтиги кетип бараткан өлжүрөктү “тамашалап” атасыңбы?
Зарина. (Териге түштү) Ал өлжүрөк эмес. 
Чоочун киши. (Келекелеп) Анан эмне, Щварцнеггерби?
Зарина. Шварцнеггер эмес. Просто нормальный эле киши.
Чоочун киши. (Заринага сугу түшө карап, шилекейин кылк жутту) А, сен ничего экенсиң, девка.
Зарина. (Чочулай) Сизге эмне керек, байке?
Чоочун киши. (Кытмыр күлүп) Мага эмне керек экенин билесиңби?
Зарина. (Ого бетер чочулап) Мен сизди тааныбайм, сиз да мени тааныбайсыз…
Чоочун киши. Анын эмнеси бар, таанышып алабыз. Ошол да проблемабы.
Зарина. (Аяр) Менин сиз менен таанышкым келген жок…
Чоочун киши. (Кытмыр күлүп) Эгер менин ким экенимди билсең, минтип айтмак эмессиң, красавица.
Зарина. (Аяр бирок чечкиндүү) Сиз ким болсоңуз дагы таанышайын деген оюм жок, байке. Кечирип коюңуз.
Чоочун киши. (Башын чайкап) А максималистка, экенсиң, ээ, девка. (Кичине тыным) Вообще, жаштардын баары эле максималистсиңер. Ушинтип чочоңдой бересиңер, жаш кезде. А кийин, жашыңар өткөн соң оозуңарды тиштеп өкүнүп каласыңар. Жашоонун баркын билбейсиңер. (Пауза) Знаешь, менин колумдан келген нерсенин, жүздөн бири да колунан келбейт, тээтиги “Шварцнеггериңдин”.
Зарина. (Тигинин жинине тийип албоого аракеттенип) Сөзүңүзгө түшүнгөн жокмун, байке?
Чоочун киши. (Каткырып) Тээтиги мадырабашыңды ташта деп атам, кеч боло электе!.. Сен бул “Шварцнеггер” менен бактылуу боло албайсың.
Зарина. (Териге түштү бирок сыр бербей) Аны сиз кайдан билесиз?
Чоочун киши. (Күлүп) Кандай дейсиң, менин жашым канчада?
Зарина. (Ийинин куушуруп) Кырктан өтүп калсаңыз керек…
Чоочун киши. Таптың. Угуп тур эми мени. Экөөң теңсиңби?
Зарина. Ооба. 
Чоочун киши. Он жылдан кийин канчага чыгат, жигитиң?
Зарина. Отузга барып калат.
Чоочун киши. Сен да ошончодо болосуң, туурабы?
Зарина. Ооба.
Чоочун киши. Анан эмне болот?
Зарина. (Түшүнбөй) Ал эмне дегениңиз?
Чоочун киши. Сен ишенесиңби, он жылдан кийин мынабул өлжүрөгүң сени азыркыдай жакшы көрөөрүнө?
Зарина. (Кызалаңдай) А эмне үчүн антип жаман ойлоп атасыз?
Чоочун киши. (Каткырып) Жашоо деген ошондой болот, дорогая!.. Мынабул “Щварцнеггериң” он жылдан кийин азыркы сенин курагыңдагы кыздарды көргөндө шилекейи чубура баштайт.
Зарина. (Ого бетер теригип) Знаете, байке, сиз мени оскорблять этип атасыз!..
Чоочун киши. (Кытмыр күлүп) Девка, он жылдан кийин мынабул өлжүрөгүң сага көрсөтө турган оскорблениеге караганда, менин азыркы айткандарым чепуха болуп калат. (Пауза) Мен дагы сүйгөм, мектепте жүргөндө. Ишенбей турасыңбы?
Зарина. (Маанайы түшө) Билбейм…
Чоочун киши. Ишенсең-ишен, ишенбесең-өзүң бил. Мен да сүйгөм. Ал кыз менин классташым болчу. Биз бири-бирибизди ушунчалык жакшы көрчүбүз. (Кичине тынымдан соң) Одиним словом, үйлөнүп алдык. Балалуу болдук, антип-минтип атып эле отузга чыгып калыптырбыз. Аялым экөөбүздүн ортобузда баягы жакшы көрүшүүдөн эчнерсе калган жок.
Зарина. (Башын чайкап) Андай болушу мүмкүн эмес.
Чоочун киши. (Кытмыр күлүп) Эмне үчүн мүмкүн эмес? Мүмкүн эле.
Зарина. (Моюн толгой) Значит, сиздер бири-бириңиздерди чындап сүйгөн эмессиздер.
Чоочун киши. (Каткырып күлүп) Сен биздин жаныбызда чогуу жүрдүң беле?
Зарина. (Сөз таба албай калды) Мен сиздерди көргөн эмесмин бирок…
Чоочун киши. (Кытмыр күлүп) Билбесең, антип айтпай жүр. (Кичине тынымдан соң) Бул биологиянын закону. А жанагы Ромео-Жульетта, Лейли-Мажнун, Тахир-Зухра, Кыз Жибек-Төлөгөн, Олжобай-Кишимжан дегендин баары-Шекспир-мекспир сыяктуу жазуучулардын жомогу. Жашоодо андай болбойт. Жашоонун закону башка. (Пауза) Сезимиң өчүп калса кайра тутандырыш керек да туурабы?
Зарина. (Маанайы пас) Билбейм…
Чоочун киши. Конечно, билбейсиң. Качан башыңа келет ошондо билесиң. (Кичине тыным) Анан эки жагымды карасам, он жети он сегиздеги жап-жаш сулуулар жайнайт, тим эле, көздү кызартып. И вот, он жылдан бери я их как перчатки меняю.
Зарина. (Маанайы пас) Аябай опасный киши экенсиз!..
Чоочун киши. (Каткырып) Муну жашоо дейт, девка. А менин бир кездеги Зухрам, ну, аялым азабымды гана тартты го менин. Он жылдын ичинде тим эле кемпир болуп калды. Вот мына ушуну оскорбление деп айтыш керек.
Зарина. (Кишини жаман көзү менен карап) Сиз аябай коркунучтуу киши экенсиз!..
Чоочун киши. (Каткырып) Ошондой “страшный” киши жалгыз эле мен бекемин? Менин досторумдун баары отуздан кийин ушинтишти. Алардын любовницалары азырда кокодон.
Зарина. (Маанайы ого бетер түшүп) Байке, ары жагын айтпай эле коюңузчу, пожалуйста.
Чоочун киши. (Маашырканып) Чындык деген ошондой ачуу болот.
Зарина. (Кызалаңдап) Бул чындык эмес!..
Чоочун киши. (Маашырланып) Чындык!.. Чындык!.. (Пауза) Аябай жылдыздуу, сулуу кыз экенсиң, кийин кор болуп каласың. Мынабул өлжүрөгүң кордукту гана көрсөтөт, сага. Ишенип кой мага. Андан көрө эмитен ойноп-күлүп,чардап-жыргап ал, бир беш-алты жыл. Канарские острова, Багамские островаларга бар, мендей кишилердин эсебинен. Лондон,Париж,Токиону көр! Дүйнөнү кыдыр! А потом, азыркы менин курагымдагы кишинин бирөөнө турмушка чыгып ал, чардап кана өмүр өткөрөсүң.
Зарина. (Маанайы чөгө, бирок аяр) Байке, мен сизди уктум, бирок, мени кечирип коюңуз, сүйлөшкүм келбей турат!..
Чоочун киши. (Кытмыр күлүп) Эрк өзүңдө. Просто, жашоонун кандай экенин биле жүрсүн, жаштык курагын бекерге өткөрбөсүн деп айттым, сага. Потом, эгер мен туура көрсөң бир нерсе сунуш этейин дегем. Көрдүңбү тээтиги “Мерсти”. Ошонун ичинде сен курактуу бир жапжаш кыз олтурат. Эгер сен кааласаң, мен аны азыр кууп жиберем, оордун сен ээлейсиң.
Зарина. (Маанайы пас, бирок чечкиндүү) Мага эч нерсенин кереги жок!
Чоочун киши. (Маашырканганы тарабай) Ну, ладно… Как хочешь… Я пока добрый. Если, передумаешь, то позвони (Визиткасын сунду да, кыздын алгысы келбегенин көрүп, шибердин үстүнө таштап коюп басып кетти, күлүп. 
Зарина маанайы чөгүнкү болуп олтурду. Жерде жаткан чоочун кишинин визиткасын алды да, окубай туруп эле бырчалап, тытып туруп ыргытып ийди. Ошол учурда кыздын жанына Канат келип калды, бир кучак кызыл-тасыл жапайы гүл көтөрүп).
Канат. (Кубанычтуу энтигип) Зайка, бул сага!.. (Кызга бир кучак гүлдү кучактатты).
Зарина. (Жылмайып) Ырахмат!.. (Улутунуп алды).
Канат. Зайка, сага эмне болду?
Зарина. (Жылмаюга аракеттенип) Бир нерсе болуптурбу?
Канат. Кабагың суз тартып турат.
Зарина. Эч нерсе болгон жок. Сага ошондой сезилип атса керек.
Канат. Жок, сага бир нерсе болуптур. Башкача болуп турасың. Зайка, көпкө жоголуп кетти деп мага таарынып атасыңбы? (Кызды кучактады. Зарина уландын төшүнө башын жөлөп ыйлап ийди. Канат чочуп кетти). Зайка… Ким капа кылды сени?!.
Зарина. (Солуктап) Канат, кабатыр болбо. Эч нерсе болгон жок…
Канат. (Санаасы санга бөлүнүп) Зайка!.. Айтчы чыныңды!..
Зарина.(Көзүнүн жашын аарчып, солуктай) Канат, сен сүйүүгө ишенесиңби?
Канат. (Демин баса, Заринага таң кала арады) Зайка, мен сага түшүнбөй атам?
Зарина. (Солуктай) Мен сага айтпадымбы, эч нерсе болгон жок.
Канат. (Ишенкиребей) Чын элеби! 
Зарина. Чын.
Канат. Анда мага таарынганың чын экен да…
Зарина.(Солуктаганы басылып) Канат, оюңа эч нерсе албачы. Андан көрө менин суроомо жооп берчи. Сүйүүгө ишенесиңби?
Канат. (Таң кала) Ал эмне дегениң? Конечно, ишенем!..
Зарина. Сен мени сүйөсүңбү?
Канат. (Ого бетер таң кала) Зайка?!..
Зарина. Чыныңды айта бер. Мен сага таарынбайм.
Канат. (Заринанын көзүнө тике карап) Зайка!.. Эмне үчүн мындай суроолорду берип атканыңды билбейм, бирок, мен сени аябай сүйөм!
Зарина.(Уланга ыктап) Мен да сени аябай сүйөм!.. 
Канат. (Кызды төшүнө кысып) Болуптур, айтчы эми, эмне үчүн ушундай суроолорду берип атасың?
Зарина. Азыр билесиң… Дагы бир суроомо жооп берчи пожалуйста.
Канат. Сура.
Зарина. Канчага чейин сүйүшөбүз, бири-бирибизди?
Канат. (Олуттуу) Өмүр бою!..
Зарина. Ошого ишенесиңби?
Канат. (Олуттуу) Да. А сенчи?
Зарина. Өмүр бою!.. (Пауза) Сүйүү деген эмне?
Канат. Сүйүү?.. (Пауза) Эки адам бири-бирисиз жашай алышпаса, ошону сүйүү дейт…
Зарина. А сен менсиз жашай алат белең?
Канат. Мен сенсиз жашаарымды таакыр элестете албайм!.. А сенчи?
Зарина. Мен дагы!.. Сенсиз жашагандан көрө өлгөнүм жакшы!..
Канат. (Чочуп кетти) Антип айтпа!.. Эчкачан өлүм жөнүндө айтпа, ойлонбо, макулбу?.
Зарина. Мен чынымды айтып атам.
Канат. Мен сага ишенем. Бирок, пожалуйста, кел өлүм жөнүндө мындан ары сүйлөшпөй эле коёлу?
Зарина. Ладно. Экинчи антип айтпайм, антип ойлобойм. (Кичине тыным) Канат, кел, кыйкырабыз.
Канат. Кыйкырабыз?
Зарина. Ооба.
Канат. Эмне деп?
Зарина. “Биз бири-бирибизди сүйөбүз!” деп.
Канат. (Башы менен жаңсап) Тээтиги, “Мерстин”жанындагы кишилер уксачы?
Зарина. Уксун!.. Так ошолор уксун!.. Именно, ошолор!..
Канат. М-м-м… 
Зарина. Уялып атасыңбы?
Канат. (Күлүп) Эмнеге уялмак элем.
Зарина. Кел, анда кыйкыралы!
Канат, Зарина. (Колдорун ооздоруна такашып кыйкыра башташты) Би-и-из, би-ири-и-и би-ири-и-и–би-из-ди-и сү-үй-ө-ө-бү-ү-үз!.. Би-и-из, би-ири-и-и би-ири-и-и-би-из-ди-и сү-үй-ө-ө-бү-ү-үз!!. Би-и-из, би-ири-и-и би-ири-и-и-би-из-ди-и сү-үй-ө-ө-бү-үз!!!
(Тоолор кошо жаңырып, тигилердин сөзүн кайталап атты).
   
Бешинчи сахна

Жайкы кафе. Эки жагын кунт коё караган Зарина кирип, бош столдун четиндеги стулга олтура кетти. Клиент келгенин көрүп официант жетип келди.
Официант. Саламатсызбы?
Зарина. Саламатчылык.
Официант. Эмне заказ бересиз?
Зарина. Бир мороженое.
Официант. Пиво?.. Вино?..
Зарина. Мен вообще ичпеймин. Только…
(Аңгыча бир бейтааныш өспүрүм кыз келип калды, тигилердин жанына).
Бейтааныш кыз. Зарина?..
(Зарина кызды тиктеп калды)
Мен, Айкамын.
Зарина. Айка?.. А-а-а… (Официантка) Дагы бир мороженое. (Кызга) А может, суу-пуу ичесиң?
Айка. Ырахмат! Мороженое эле жетет.
(Официант басып кетти. Айка Заринанын маңдайына олтурду. Экөө бир кыйлага чейин тиктешип үнсүз-сөзсүз олтурушту).
Зарина (Башын ийкеп) Айка сен турбайсыңбы.
Айка. (Бой көтөрүңкү) Менмин.
Зарина. Эмнеге чыакырдың эле? Эмне сөзүң бар эле? Айта бер.
Айка. (Сынай) Билесиңби, экөөбүз соперница экенибизди?
Зарина. (Таң кала түштү) Сен экөөбүзбү?..
Айка. (Бышыктай) Да-а, сен экөөбүз.
Зарина. Кандайча?
Айка. Канат сага айткан жок беле?
Зарина. (Ого бетер таң кала) Эмне деп?
Айка. “Айка деген кыз бар” деп.
Зарина. (Көңүлү чөгө түштү) Жок.
Айка. Мен сени “жолугушалы” деп чакырган себебим… Жолобо,Канатка!..
Зарина. (Өзүн араң колго алып) Эмне үчүн?
Айка. Кызык немесиң го, сен! Аны мен сүйөм!..
Зарина. (Оозуна сөз кирбей) Мен да сүйөм аны… 
Айка. (Ого бетер өкүм) Эти твои проблемы!.. Короче, Канатка жакындасаң, таарынба мага, айтып коёюн.!..
Зарина. (Ындыны өчө) Канат өзү эмне дейт?..
Айка. (Өкүм) Это не важно!..
Зарина. (Бир аз чыйрала түштү) Как “не важно?..” Кимибизди сүйөөрүн өзү айтсын да.
Айка. (Такмазалай күлүп) “Заринаны сүйөм” деп айтат деп ойлоп атасыңбы?!.
Зарина. Мен эч нерсе ойлогон жокмун. Просто, Канат эмне дейт экен, ошону угалы деп атам.
Айка. (Текебер күлүп) Эй, ты, соплячка!.. Билесиңби…
Зарина. (Токтоо) Шылдыңдабай сүйлө!..
Айка. (Такмазалай) Канат с тобой просто играет!.. Ойлоп жүрсөң керек, Канат менсиз жашай албайт деп. Жаңылышат экенсиң!
Зарина. (Токтоо) Канат сени таштап кетти беле?
Айка. (Такмазалай күлүп) Ошентип эле көрсүнчү!.
Зарина. (Ындыны өчүп) А-а-а… Анда ал мени менен да, сени менен да параллельно жүрүп аткан турбайбы?. 
Айка. (Текебер) Кандай ойлосоң ошондой ойло!.. Если Канаттын жанынан сени ещё раз көрсөм-өлтүрүп кана коём!.. (Ордунан турду. Ошол маалда официант мороженоелерди көтөрүп келип калды). 
Официант. (Кеткени аткан Айкага) А мороженое?… 
Айка. (Заринага башын чулгуп) Өзүнө бериңиз!… Жарылып өлсүн!. (Кетип калды. Официант таң кала карап калды, Айканын соңунан. Заринанын ындыны өчүп олтурган).
Официант. (Ыңгайсыздана) Кызык кыз го… (Заринага ) Урушуп калдыңарбы?
Зарина. (Ыйлап ийди) Жок… 
Официант. (Сооротууга аракеттенип) Чоң кыз… Чоң кыз… 
Зарина. (Ыйын токтото албай) Мени жалгыз калтырыңызчы, пожалуйста!.. 
(Официант унчукпай басып кетти. Зарина бир кыйлага чейин ыйлап олтурду да, анан сумкасынан акча алып чыгып столдун үстүнө коюп, мороженоелерге кол тийгизбей оордунан турду да, кафеден чыгып кетти).

Алтынчы сахна

Бишкектин сквери. Фонтан атылып атты. Зарина фонтандын жанында турду томсоруп, көзүнө жаш толо.
Зарина. (Өзүнчө күбүрөнүп) 
Как горько, как обидно!..
Я мерзну, внутри дрожь!.. 
Я верила в тебя, бесконечно.
Неужели, эта была ложь?
Почему, сердце мое не верит,
Если это была ложь?!.
Его глаза, его голос!..
Он на обманщика не похож!.
Как горько, как обидно!..
Мне плохо, внутри дрожь!..
Скорее, я умуру,
Чем переносить ложь!..
(Ошол учурда скверде тынчсыздана шашкалактаган Канат пайда болду. Фонтандын жанында тунжурап турган Заринаны көрдү да, шырп алдырбай артынан жетип, кызды кучактап калды).
Канат. (Кубанычтуу) Зай-ка! Таптымбы, сени?.. Каякта жүрөсүң, жашынып?
(Зарина Канаттын кучагынан аяр бошонду да, көрсөтпөй көзүнүн жашын сүртүп, анан уланды кунт коё тиктеди. Канат Заринаны өпмөкчү болду эле, кыз аста башын тартып алды).
Зарина. (Токтоо) Канат,антпечи…
Канат. (Шагы сына түштү) Зайка?.. Сага эмне болду?
Зарина. (Ооз учунан) Эч нерсе…
Канат. (Кызды кучактамакчы болуп умтулуп) Зайка… 
Зарина. (Боюна жуутпай) Канат, кел, экөөбүз ачык сүйлөшөлү.
Канат. (Түшүнбөй) Эмнени?
Зарина. (Улутунуп) Канат, сен мага ишенесиңби?
Канат. (Шар) Ишенем.
Зарина.(Ыйлап жибере жаздап) Мен да сага ишенчүмүн… 
Канат. (Түшүнбөй) Зайка, мен сага түшүнбөй атам…
Зарина. (Токтоно албай ыйлап ийди) Мен ойлогом… Мен ойлогом… 
Канат. (Кабатыр боло) Зайка, сага эмне болду?!.
(Зарина өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап атты).
Айтчы, пожалуйста!.. (Кучактамакчы болду).
Зарина. (Ыйын токтото албай, Канатты боюна жуутпай) Антпе!.. Антпе деп атам!.. Кармаба, мени!.. Кармаба!..
(Канат эмне кылаарын билбей селдейип турду).
Пауза.
Канат. (Оозуна сөз кирбей) Зайка… 
Зарина. (Кыйладан соң ыйы басаңдап) Аябай жаман болуп атам!.. Ичим өрттөнүп атат!.. 
Канат. (Чебелектеп) Айтчы Зайка!.. Эмне болду?!. Эмне болду?!. 
Зарина. (Ыйын дагы эле токтото албай) Эм-не… эм-не бол-го-нун сен-ден… сен-ден сур-айын… сур-айын де-гем… 
Канат. Сура!.. Сура!..  
Зарина. (Ыйын токтото албай) Аябай жаман болуп атам!…
Канат. (Айласы кетип) Зайка!.. 
(Узакка созулган пауза).
Зарина. (Солуктап) Мен жалгыз сени гана сүйөм!..
Канат. Мен дагы!..
Зарина. (Солуктап) Мен да ошентип ойлогом… 
Канат. (Түшүнбөй) Зайка?!. Сен эмне деп атасың?!.
Зарина. (Солуктап) Мен алданып жүрүптүрмүн!.. 
Канат. Кимге?!.
Зарина. (Солуктап) Канат… Мага Айка келип жолукту.
Канат. Айка?!.
Зарина. (Солуктап) Ооба, Айка.
Канат. (Таң кала) Эмнеге келиптир?
Зарина. (Солуктап) Себебин сен жакшы билесиң…
Канат. (Таң кала) Зайка, сен эмнени айтып атасың?!.
(Пауза).
Зарина. (Уланга түз карады) Сенин көздөрүң… Сенин көздөрүң… Калп айтчу көзгө окшобойт!.
Канат. (Чыдамы кетип) Зайка!.. Эмне болуп атасың, сен?!. Түшүндүрчү, мага!..
Зарина. (Улутунуп) Качантан бери жакшы көрөсүңөр, бири-бириңерди? 
Канат. (Чыдамы ого бетер кетип) Кимди?!.
Зарина. (Томсоро) Айканы…
Канат. (Таң кала) Айканы?!.
Зарина. (Томсоргон калыбында) Ооба…
Канат. Менби?!.
Зарина. (Томсоро) Ооба…
Канат. (Жаны күйүп) Айка ошентип айттыбы?!.
Зарина. (Томсоро) Ооба…
Канат. (Ого бетер таң калып) Чын элеби?!.
Зарина. (Томсоро) Ооба..
Канат. (Таң кала) Анан сен ишендиңби, ошого?!.
Зарина (Томсоро) Ооба…
Канат. (Шалдайып) Вот это номер!..
Зарина. (Томсоро) Ал аябай сулуу кыз экен…
(Пауза).
Канат. (Жаны күйүп) Ошентип айтканы чын болсо…
Зарина. (Томсоро) Чын… чын…
Канат. (Жаны түтөп, башын чайкап) Айка!.. Айка-а!..
 (Пауза).
Зарина. (Тунжурай) Эми эмне болот?..
Канат. (Жаны күйүп) Баары баштагыдай эле болот!..
Зарина. (Тунжурай) Сен ишенесиңби ошондой болооруна?..
Канат. Ишенем!..
Зарина. А Айкачы?..
Канат. (Жини келе) Айка?.. Ал өзү айтып берет, эмне үчүн ушинткенин!.. Жүрү!..
Зарина. (Ооз учунан) Каякка?
Канат. Айкага!..
Зарина. (Башын чайкап) Жок.. мен барбайм…
Канат. Мейли, анда!.. Анда ал сага өзү келет!.. (Шашыла жөнөдү. Бир нече кадам баскандан кийин артына кылчайды) Мен сенден башканы сүйбөйм!.. 
(Чуркап чыгып кетти).
Зарина. (Уланды узата карап, өзүнчө күбүрөнүп) Мен дагы… Сени кана сүйөм!.. Сени кана!!. (Канаттын артынан узата басты).

Жетинчи сахна

Күүгүм. Шаардын ичиндеги көп кабатту үйлөрдүн биринин короосу. Үй тараптан Канат чыкты короого, кабагы салыңкы. Короонун ортосундагы кичинекей балдар ойноочу аянттагы айлантмага келип олтурду. Бир аздан соң Айка чыга келди үйдөн.
Айка. (Канаттын жанына келип) Эмне болду?
Канат. (Кабагы бүркөө) Эмне болгонун мен сенден билейин дегем.
Айка. (Билмексен болуп) Эмнени?
Канат. Аны сен жакшы билесиң .
Айка. (Билмексен боло) Мен эмнени билет экенмин?
Канат. Кытмырланба, Айка.
Айка. (Билмексен болуп) Ким кытмырланып атыптыр?
Канат. (Ачуусун араң тыйып) Сен кытмырланып атасың!..
Айка. (Билмексен болуп) Канат, ачык айтчы, менден каалаганың эмне?
Канат. (Ачуусун тыйып)А сенин каалаганың эмне?!.
Айка. (Ийнин куушуруп) Канат, мен сага таң калып атам...
Канат. (Өзүн араң токтотуп) Айка, жетишет мышык-чычкан ойнотпо мени!..
Айка. (Билмексен болуп) Ким мышык-чычкан ойнотуп атат?
Канат. (Жарылып кетти) Сен ойнотуп атасың!.. Сен!.. Бул эмне кылыгың?!.
Айка. (Капысынан ыйлап ийди) Минтпе сен мага, минтпе…
Канат. (Бир аз жумшара) Сен менин ордумда болуп көрчү!..
(Айка көзүнүн жашын көл кылып унчуккан жок).
Айтчы, эмне үчүн ушинттиң?
Айка. (Ыйын токтото албай) Мен… Мен… (Сөзүн айта албай койду).
Пауза.
Канат. (Суз тарта) Басылчы, пожалуйста. (Пауза) Барып Заринадан кечирим сурашың керек.
Айка. (Солуктаган калыбында башын чайкап) Жок!.. Андай болбойт!...
Канат. (Жаны күйүп) А, эмне үчүн анда ушинттиң?!.
Айка. (Көзүнүн жашы кургабай) Сен, билесиң…
Канат. (Жаны күйүп) Эмнени билем, эмнени?!.
Айка. (Ыйлап ийчүдөй болуп) Мен сени жакшы көрөөрүмдү…
Канат. (Таң калып калды) Сенби?!.
Айка. (Көзүнө жаш толуп) Мен сени көптөн бери жакшы көрөм!.. Сен аны билесиң…
Канат. (Аргасы кете күлүп) Сенин мени жакшы көрөөрүңдү эч качан билген эмесмин.
Айка. (Ыйлап жибере жаздап) Калп айтпа!..
Канат. (Үнү жумшара) Айка, мен бир гана адамды сүйөм!..
Айка. (Ыйлап ийди) Ал сага татыктуу эмес!..
Канат. (Аргасы кете күлүп) Анан ким татыктуу?..
Айка. (Ый аралаш) Мен…
Канат. (Жалооруй) А мен сени сүйбөйм да, Айка.
Айка. (Ого бетер ыйлап) Канат, антип айтпа!.. Антип айтпа!..
Канат. (Аргасы кете) Анан кантип айтышым керек?
Айка. (Ый аралаш) Неужели, сенде мага деген кенедей да сезим жок?!.
Канат. (Олутту) Бар…
Айка. (Сөзүн жулуп алды) Мына, көрдүңбү?!
Канат. Бирок ал сүйүү сезими эмес да…
Айка. (Ындыны өчө түштү) Анан эмне сезим?..
Канат. Жолдоштук, достук…
Айка. (Ындыны ого бетер өчүп) Ошол элеби?!.
Канат. Ошол эле…
Айка. (Ый аралаш) А мен ойлоп жүргөм…
Канат. Эмнени?
Айка. (Жашын жутуп) Сен да мага көңүлкош эмес ко деп…
Канат. Айка, ойлогон нерсенин баары эле адамдын оюндагыдай боло бербейт…
(Пауза).
Айка. (Чыйралып) Баары бир мен сени жакшы көрөм!
(Пауза)
Канат. (Токтоо) Айка, айтчы эмне үчүн анттиң?
Айка. (Жаш аралаш) Анын сенин жаныңда жүрүшүн каалабайм!.. Көргүм келбейт!...
Канат. Айка, мен сени эң сонун түшүнөм, бирок ал дагы, мен дагы сенин алдыңда күнөөлүү эмеспиз да?..
Айка. (Ындыны өчө башын чайкап) Да… Күнөөлүү эмессиңер… Бирок сени сүйгөнүм үчүн мен да күнөөлүү эмесмин!...
(Пауза).
Канат. Айка, сен Заринадан кечирим сурашың керек.
Айка. (Башын чайкап) Канат, кыйнабачы мени!..
Канат. (Токтоо) Айка, сен туура эмес кылдың…
Айка. (Үлдүрөй) Макул… мен... ага… чалам.
Канат. Чын элеби?
Айка. Чын.
Канат. Айка ман сенин акылдуу кыз экениңди билчүмүн (Айканы чачынан сылап койду да, шашыла короодон чыга жөнөдү).
Айка. (Узата карап жаштуу көз менен) Баары бир мен сени сүйөм!..


Экинчи бөлүм

Сегизинчи сахна

Жай. Ысык көл. Кумдун үстүндө Зарина жаткан, күнгө күйүп. Аңгыча жанына баягы чоочун киши келип калды.
Чоочун киши. (Заринага) Саламатсыз, красавица!..
Зарина. (Ордунан обдулуп отуруп калды) Саламатсызбы…
Чоочун киши. Тааныдыңбы мени?
Зарина. Тааныдым…
Чоочун киши. Эки жыл өттүбү, андан бери, ыя?
Зарина. Ошондой го…
Чоочун киши. Орустар айткандай “мир тесен” деген ушу экен да…
Зарина. (Ийинин куушуруп) Билбейм…
(Пауза).
Чоочун киши. Баятан бери водный мотоцикл менен улам-улам ары өтүп, бери өтүп байкап аттым экөөңдү. Дагы эле бири-бириңерден тажай элексиңерби?..
Зарина. (Кыртыштап) Көрүп турбайсызбы.
Чоочун киши. (Мыйыгынан күлүп) Чоңоюп калыпсың, красавица.
Зарина. (Жактырбай какшыктап) “Кемпир” болуп калыпсың” деп айткыңыз келип атабы?..
Чоочун киши.(Башын чайкай күлүп) Карасаң муну, карасаң… Какшыкты катуу айтат экенсиң.
Зарина. Сөзүңүзгө жараша…
Чоочун киши.( Сөөмөйүн кезей күлүп) Унутпапсың… унутпапсың…
Зарина. (Дагы какшыктай) Сиздей “перчаточникти” ким унутсун, байке. Канчанчы “перчаткаңыз” менен келдиңиз биякка? Же бияктан издеп жүрөсүзбү, “перчатканы?”
Чоочун киши. (Калп каткырып) Нокаутка урдуң… нокаутка урдуң… (Пауза. Кызга сугу түшө карады) Фигураң укмуш турбайбы тим эле, девка. 
(Зарина эмне кылаарын билбей ыңгайсыздана түштү). 
Элден бөлүнүп, ээн жерге сууга түшкөндөн коркпойсуңарбы?
Зарина. (Коркконун билгизбей) Ээн жер эмес, пляж бул жерден эки жүз эле метрче.
Чоочун киши. (Эки жагын карап) Да?.. Ладно. А тиги “Щварцнеггериң” каякта, сенин?
Зарина. (Сыр бербей) Катамаран алып келгени кетти.
Чоочун киши. (Күлүп) Ошол допотопный железого түшөсүңөрбү? Жүрү, андан көрө мени менен, водный мотоциклге түшүрөм. Каалашыңча кататься этесиң.
Зарина. (Башын чайкап) Ырахмат байке, убара болбоңуз.
Чоочун киши . (Келекелей күлүп) “Щварцнеггериңден” коркуп атасыңбы?
Зарина. (Жылмаюга аракеттенип) Эмнеге коркмок элем…  
Чоочун киши. (Текебер күлүп) Коркуп атасың, коркуп атасың, жаман өлжүрөгүңөн. (Пауза)Хочешь, мурдун сындырып коёюн, “Щварцнеггериңдин?”
Зарина. (Коркуп кетти, бирок билгизбей) Ал сизге эмне кылды, байке?!.
Чоочун киши. (Келекелей күлүп) Эмне кылганын билбейсиңби?
Зарина. ( Түшүнбөй) Эмне кылды эле?
Чоочун киши. (Келекелей күлүп) Ал-ууру да.
Зарина. (Түшүнбөй) Ууру?!.
Чоочун киши. (Келекелей) Ооба, ууру. Уурдап кетпедиби… 
Зарина. (Түшүнбөй) Уурдап кетти дейсизби?!. Байке, эмне деп атасыз, сиз?!.
Чоочун киши. (Келекелей) Уурдап кетти!.. Менин бактымды уурдап кетти ал.
Зарина. (Түшүнбөй) Сиздин бактыңыз ким эле?
Чоочун киши. (Заринага сугу түшө карап) Сен!.. Эгер ал болбогондо, сен меники болмоксуң, девка.
Зарина. (Жумшак) Байке, тамашакөй экенсиз ээ? 
Чоочун киши. (Келекелей) “Щварцнеггеримди сабап коёт” деп коркуп атасыңбы?
Зарина. Ал сизге эмне кылды?
Чоочун киши. (Келекелей күлүп) “Эмне кылды?” Бир нерсе кылып көрсүнчү, эр болсо. Өлтүрүп коёрмун тим эле!
(Пауза).
И-и, кайсы пансионаттасыңар? Же “жапайы” эс алып жүрөсүңөрбү?
Зарина. (Кара күчкө күлүп) Анын сизге эмне кереги бар, байке.
Чоочун киши. (Шагы сына түштү) Керек болгон үчүн сурап атам!
Зарина. (Калп күлүп) Зачем?
Чоочун киши.(Куйкасы курушуп) Мхи!.. “Зачем?” Конокко келем, сага!..
Зарина. (Калп күлүп) Мен сизди конокко чакырган жокмун да, байке.
Чоочун киши. (Ого бетер кучунашы кармап) А мен чакыртпай эле келем, красавица!..
Зарина. (Жалбара) Байке, сиз эми чоң эле, акылдуу эле кишисиз да…
Чоочун киши. (Ызырына) Акылдуу болбосом эмне кыласың? 
Зарина. (Коркконун билгизбей) Байке!..
(Ошол учурда тигилердин жанына Канат келип калды). 
Канат. (Чоочун кишиге) Салоом алейкум.
Чоочун киши. (Канаттын саламын алган жок) А-а келдиңби “Щварцнеггер?”
Канат. (Иймене) Сиз мени айтып атасызбы?
Чоочун киши. (Келекелей) Сени айтпаганда, сенини көлөкөңдү айтып атат дейсиңби?!.
Канат. (Уялып кетти) Щварцнеггер эмесмин…
Чоочун киши. (Заринага келекелей карап) Бул сүйгөнүң айтып атпайбы сени, Щварцнеггер деп.
Канат. Тамашалап атса керек…
Чоочун киши. (Ачуусу келе түштү) Сүйлөшүп алдыңар беле?!.
Канат. (Түшүнбөй) Эмнени айтып атасыз?
Чоочун киши. (Ачуусу келип) Мени жаш балача алдап, эптеп жолго салгыңар келгенин айтып атам!.. Мени антип алдай албайсыңар, желторотики!..
Зарина. (Жүрөксүнсө да өзүн колго алып) Сизди эч ким алдаган жок, байке.
Чоочун киши. Да?!. Көрөбүз азыр!.. (Капысынан кыйкырып Канатка тап берди) А!!!
(Канат чочуп кетип, артын көздөй жалт берди. Чоочун киши ызырына Канатты тооруй басты).
Зарина. (Чырылдап экөөнүн ортосуна түшө калды) Байке!.. Тийбеңиз!.. Тийбеңиз!..
Чоочун киши. (Заринага ызырынып) Тур мындай!..
Зарина. (Жалтанбай) Турбайм!.. Турбайм!.. Тийип эле көрүңүз!..
Чоочун киши. (Заринанын сесин көрүп таң кала токтой калды) Карасаң момуну, ай!.. Мхи!.. Жанна д Арксың го тим эле.
(Зарина чоочун кишини жалтанбай тик карап турду. Канат кызды артынан кучактай калды. Уландын жүзүндө да чечкиндүүлүк бар эле. Чоочун киши тиги экөөнү бир кыйлага карап турду сынай).
Чоочун киши. (Бир кыйладан соң мыйыгынан мыскылдай жылмайып) Болуптур… (Канатка) Скажи спасибо, кызыңа. Болбосо, башыңды үзүп коймокмун!.. (Экөөнү жекире карап басып кетти.
Зарина менен Канат тигинин карааны үзүлгөнчө көздөрүнүн кыйыгы менен узата карашты).
Канат. (Тигинин карааны үзүлгөндөн кийин кызды сыга кучактап) Мен сени аябай сүйөм!..
Зарина. Мен дагы!.. Аябай сүйөм сени!
(Экөө бир кыйлага чейин бир кишидей болуп кучакташып турушту).
   
Тогузунчу сахна 

Ысык көл. Ошол күндүн кечи. Асманда толукшуган ай каалгып, Канат менен Зарина көлдүн жээгиндеги пирстин үстүндө кучакташып олтурушту.
Зарина. (Көлдү карап) Түнүчүндө аккуулар келеби биякка?
Канат. Аккуулар дейсиңби?..
Зарина. Ооба.
Канат. Балким… Бирок биякка келбейт болуш керек… Алар адамдардан алыс жүрүшөт да.
Зарина. (Ойлуу) Аккуулар кантип өлүшөөрүн билесиңби? 
Канат. Зайка, мен сага айтпадым беле… 
Зарина. Болуптур, болуптур, мындан ары өлүм жөнүндө айтпаймын... (Ойлуу) Аккуулар бири-бирисиз жашай алышпайт турбайбы? Ушул чынбы?
Канат. (Күлүп) Бирин-бири сүйүшкөндөрдүн баары аккулар жөнүндө сөзсүз айтышат болуш керек. Анткени, бала күнүмөн бери эле ушул сөздү дайыма угам.
Зарина. (Күлүмсүрөп) Дайыма жазышчу…
Канат. Особенно менин таятам сыяктуу акындар.
Зарина. (Күлүп) Мультиктер да көп… (Олутту тарта) Чын экен да анда? 
Канат. Конечно, чын.
Зарина. (Ойлуу) Таң калычтуу… Эмне үчүн ушинтишет болду экен? Сүйүүдөнбү? Жалгыздыктанбы? Же… 
Канат. Сүйүүдөн.
(Пауза).
Зарина. (Күлүп) Философияга түшүп кеттик ко тим эле.
(Пауза).
Канат. А мынабул көлдүн кантип пайда болгонун билесиңби?
Зарина. (Күлүмсүрөп) Ал легенданы бала кезимде эле окугам. Бирок сен айтып берчи.
Канат. (Күлүп) Билет турбайсыңбы, өзүң деле…
Зарина. (Ичи элжиреп) Сенин оозуңдан да уккум келип атат. (Жароокер) Айтып берчи, пожалуйста.
Канат. Если туура эмес айтып атсам, оңдоп тур.
Зарина. (Наздана) Жок… Оңдобойм. Айта бер.
(Пауза).
Канат. Мурда бул жерде эч кандай көл болбоптур. Просто, кенен жер экен, шаары бар. Ал убакта аябай көп согуштар өтүп турган да. Анан ушул жердин ханы … Ну, карыган эле неме го. Анын үстүнө түрү да суук экен.
Зарина. (Күлүп) Жанагы кишидейби?
Канат. (Бырс күлүп ийди) Да, точно, ошондой “Щварцнеггер”. (Кичине пауза) Анан ошол хан башка бир урууну, барып, басып алып, башчысынын супсулуу кызын колго түшүрүп келиптир. Ал кыз ошояктагы бир жигитти аябай сүйчү экен.
Зарина. (Жылмая) Экөөбүздөй… 
Канат. (Башын ийкеп) Да… Анан тиги хан кызды аябай бийик мунаранын башына жалгыз камап коюптур, качып кетпесин деп. Ну, кызга үйлөнмөкчү болуптур. Естественно, кыз аябай жаман болуп, эмне кылаарын билбей, кудайдан тилеген го “ушундан көрө өлгөнүм жакшы” деп. Анан, она бесконечно плакала. А кечинде ага хан келип үйлөнмөк экен. Кеч киргенде хан мунаранын башына чыкпайбы. Ошол маалда жер титирептир да, аябай катуу. Кыздын тилеги жеткен го. Тоолор жарылып-жарылып кетиптир. Шаарды аралап аябай чоң дайра акчу экен да. Дайранын бир башын, баягы ураган тоолор тосуп калбайбы. Анан суу толо баштаптыр да. Жер титирегенде шаар да ураптыр, баягы мунара да ураптыр. Баары, шаар да, кыз да, хан да суунун алдында калышыптыр.
(Пауза).
Кыз мунаранын башында ыйлап атканда көз жашы суудай агып эле, дайрага кошула бериптир. При том, жаш деген ысык болот да. И туздуу да болот да. Ысыккөлдүн жанагинтип жылуу көл болуп, кышкысын тоңбой калганы ошол кыздын көз жашынан экен да.
Зарина. (Күрсүнүп) Демек, Ысыккөлдү сүйүүнүн кайгысынан жаралган көл деп айтыш керек турбайбы…
Канат. (Ойлуу) Сүйүүнүн деңизи… 
Зарина. (Ойлуу) Билесиңби, бир кызыктай сезим болуп атат менде… Ысык-Көлдү акыркы жолу көрүп аткандай сезип атам, өзүмдү.
Канат. Ага мен күнөөлүмүн… 
Зарина. (Таң кала) Сенби?..
Канат. Ооба, мен… (Пауза. Башын чайкап) Карасаң… Азыр эле бир… ой келди эле башыма… (Күлүп) Учуп кетти…
Зарина. Учуп кетти дейсиңби?..
Канат. (Колу менен көрсөтүп) Зайка, карачы!.. Карачы, учуп баратат!
Зарина. Эмне учуп баратат?..
Канат. Менин… оюм учуп баратат (каткырып ийди).
Зарина. (Бир көз ирмемге Канатты таң кала карады да, анан уланга кошулуп күлүп ийди) Шут-ник…
(Пауза).
Канат. (Кызды колунан тартып) Жүрү, сууга түшөлү!
Зарина. Караңгыдабы?!.
Канат. Эмнеси бар экен, караңгы болсо…  
Зарина. Корком.
Канат. Жаныңда мен турбаймынбы.
Зарина. (Ичиркене) Үшүйбүз да.
Канат. Наоброт, түнкү көл аябай жылуу болот.
Зарина. Ысык көз жаштай дейсиңби?
Канат. (Күлүп) Кыздын көз жашындай.
(Экөө жетелешип көлдү көздөй басышты).

Онунчу сахна

Бийик жардын кыры. Айлана бүркөө тартып турган. Аңгыча кыздын кыйкырганы угулду.
Заринанын үнү. (Кыйкырып) Ка-нат!.. Ка-нат!.. Ток-то-о!.. Ка-на-ат!.. (Жардын кырына этеги жер чийген апакай көйнөк кийген Канат чыга келди да , алдыга жүткүнө токтоп калды. Артына кылчайды).
Заринанын үнү. Ка-нат!.. Ка-нат!.. 
(Улан улам алдыга обдулуп, жардын кырынан учуп кетчүдөй болуп турду. Ошол маалда күйүккөндөн демин баса албай , бети жашка жуулган Зарина келип калды, Канат турган жардын кырына).
Зарина. (Уланды колдон алды) Канат!.. Каяка барасың, Канат?!.
Канат. (Бир колу менен жардын түбүн көрсөтүп) Тээтиги жакка!..
Зарина. (Жардын түбүн үрөйү уча карады) Учуп кетесиң, Канат!.. Барба, аякка!.. Пожалуйста!.. Учуп кетесиң!..
Канат. (Жылмая кызга тигилди) Зариночка, коркпочу, пожалуйста!.. Мен акырын эле… Эки колумду канат кылып учуп кетем. Эч нерсе болбойм. Каалгып барып жардын түбүнө коном.
Зарина. (Канаттын колуна жармашып) Антпе!.. Антпе!.. Канат!.. Антпе!.. Карачы!.. Карачы!.. Тээтигил толкунду!.. Алып кетет, сени!.. Алып кетет сени!..
Канат. (Заринаны саамайынан сылап) Сен түшүнбөй атасың, Зариночка. Мен азыр колумду сермесем эле ак кууга айланып кетем. Анан толкундардын үстү менен учуп, уч-уп… 
Зарина. (Үрөйү уча) Жо-ок!.. Жо-ок!.. Мен сени кетирбейм!!. Мен сени кетирбейм!..
(Аңгыча жардын кырында, улан-кыздын жанында чоочун киши пайда болду).
Чоочун киши. (Заринага) Коё бер, Канатты!.. 
Зарина. (Ого бетер үрөйү уча кишиге тигилди) Сиз кимсиз?!.
Чоочун киши. (Ызгаардуу) Менин ким экенимди билбейсиңби?!..
Зарина. (Үрөйү уча) Жок!.. Билбейм!..
Чоочун киши. (Ызгаардуу) Ата-энең айткан жок беле?!.
Зарина, (Үрөйү уча) Эмнени?!. 
Чоочун киши. (Ызгаардуу) Менин ким экенимди?!.
Зарина. (Үрөйү уча) Жок!.. Мен сизди билбеймин!.. Билбеймин, мен сизди!..
Чоочун киши. (Мыйыгынан) Билбейсиң… 
Зарина. (Кыйкырып) А-а-а!.. Мен сизди тааныдым!.. Сиз!.. Сиз!..
Чоочун киши. (Мыйыгынан) Таанысаң ошол!.. Мен сага айттым беле?
Зарина. (Үрөйү учуп) Эмне деп?!.
Чоочун киши. Муну менен бактылуу боло албайсың деп.
Зарина. (Көгөрүп) Болом!.. Бактылуу болом!.. 
Чоочун киши. (Кытмыр жылмайып) Бактылуу болосуңбу? 
Зарина. (Демиге) Бактылуу болом!.. Бактылуу болом!..
Чоочун киши. (Кытмыр жылмайып) Көрө-бүз!.. Көрө-бүз!.. (Капысынан Зарина менен Канаттын ортосуна түшө калды да, кыз-уланды бири-биринен ажырата баштады).
Зарина. (Жанталашып) Эмне кылып атасыз?!. Эмне кылып атасыз?!. Тийбеңиз!.. Тийбеңиз бизге!..
(Чоочун киши жулкунуп-улкунганына карабай Заринаны белден шап кучактады да , Канаттан ажыратып кетти).
Чоочун киши. (Канатка кыйкырды) Учуп кет!.. Учуп кет!.. Учуп кет деп атам!..
Зарина. (Болгон күчү менен жанталашып чоочун кишинин кучагынан бошонууга аракет кылып, бир чети жардын кырынан кадам таштап учууга даярданып калган Канатка кыйкырып атты) Коё бериңиз!.. Коё бериңиз мени!.. Канат!.. Канат… Канат!.. Укпа!.. Укпа, бул кишини!..
(Канат Заринага бир ирээт жалт карады да, жардын кырынан кадам таштады).
Зарина. (Чыңырып ийди) Ка-на-ат!!!
 Заринанын квартирасы. Уктоочу бөлмө караңгы болчу. Аңгыча тумбочканын үстүндөгү түнкү лампа жалт этип күйдү да, жуурканына кымтыланып Зарина кроватынын үстүндө олтурду. Кыздын бетин жаш жууп аткан).
Зарина. (Жашын аарчып) Аябай жаман түш көрдүм!.. (Бир аз тынымдан соң) Бул эмне түш?!. (Саатты карады) Араң эле төрт болуптур, саат. (Оордунан туруп терезеге барды да, сыртка көз чаптырды ) Караңгы… Таң атканга дагы көп бар. (Тунжурап туруп калды) Ооруп калдыбы?.. (Башын чайкап) Нет, Зарина антип жаман ойлобочу. Оорубай эле койсунчу!.. (Кайра кроватына келип олтурду) Уйкум качып кетиптир. (Санаасы санга бөлүнүп) Бул эмне түш?!. (Пауза) Ушул кишини кайдан көрдүм эле?
   
Он биринчи сахна

Канаттын квартирасы. Диванда Канат жатты, былк этпей. Телефон чырылдады. Бир убакта улан башын алсыз көтөрүп, колун сунду телефон тарапка. Канчалык аракеттенсе дагы колу телефонго жеткен жок. Телефондун чырылдаганы токтоду. Канат кайра былк этпей сулк жатып калды. Бир убакта улан ордунан обдулуп турмакчы болду, тиштенип онтоп ийди. Чымыркана башын көтөрүп дивандын үстүнө олтурду. Энтигип-энтигип алды. Телефонду карады.  
Канат. (Жаны кыйнала акырын сүйлөдү) Зайка… Сен чалып атасың го… (Оор дем ала токтоп калды ) Менин эмне болуп атканымды билбейсиң да, сен… Жаман болуп атам!.. Жаман болуп атам!.. Үйдө да эч ким жок!.. Эч ким билбейт менин ушинтип атканымды… Сенин жаныңда болгум келип атат!.. Өмүр бою!.. (Башын салып бир паска оор-оор дем ала унчукпай калды. Жөөлүгөнсүп) Зайка!.. Каякка баратасың, сен? Кайыкка түшөсүңбү? Жок, сен жалгыз айдай албайсың… Сен күтө тур, бир аз… Мен, барам азыр… Экөөлөп айдайлы… Көлдү карачы… Толкун жок… Тып-тынч… Көлдүн ортосуна чейин сүзүп баралы… А может, көлдү сүзүп өтүп кетебиз?.. Сен, бир калакты шиле… Мен бир калакты шилейин… Зайка!.. Кайыкты артка буралы!.. Карачы, чо-оң толкун келатат, бизди көздөй!.. Азыр кайыгыбызды оодарып кетет!.. Зайка, көрдүңбү?!. Көрдүңбү,Зайка!.. Сен тезирээк сүзүп кетип калчы!.. Кетип калчы!.. Кетип калчы!.. 
(Пауза).
Аба-а!.. Аба-а берип койгулачы. Аба-а-а берип койгулачы !…
(Узака созулган пауза).
Жашагым келет!.. (Башын жаздыкка койду да, былк этпей калды).
  
Он экинчи сахна

Күндүз. Заринанын квартирасы. Кызматчы кыз музыка коюп өзүнчө эле кыңылдап ырдап, анда-санда бийлеп коюп, үйдүн ичин ирээттеп аткан. Аңгыча эшиктин коңгуроосу чырылдады. Кызматчы кыз эшикти ачканы чыгып кетип, бир аздан кийин Зарина экөө киришти.
Кызматчы кыз. Сабагың эрте бүттүбү?
Зарина. (Бушайман боло) Ооба… Жок… просто… акыркы парга чейин араң чыдап олтурдум. (Диванга барып олтурду).
Кызматчы кыз. (Кабатыр боло) Зариночка, бир жериң ооруп турабы? 
Зарина. (Жайдары болууга аракеттенип) Ооруган деле жокмун… (Үнү каргылдана түштү) Канат..
Кызматчы кыз. (Чочуп кетти) Канат?!. Эмне болуптур Канатка?!.
Зарина. (Үнү каргылдана) Эки күндөн бери телефон чалбай атат.
Кызматчы кыз. (Жүрөгү ордуна келе) Мен дагы Канатка бирдеме болду экен деп чочуп кеткенимчи. (Күлө багып) Ошол элеби?
Зарина. (Өзүн бир аз колго алып) Мен чалсам да албай атат. 
Кызматчы кыз. (Жубата) Балким бир жакка шашылыш кетип калгандыр. Турмушта ар түрдүү нерселер болот да.
Зарина. (Көңүлү бир аз көтөрүлүп) Чын эле… 
(Пауза).  
Кызматчы кыз. Зариночка, эмне тунжурап калдың, дагы? 
Зарина. Тунжурап калдымбы? 
Кызматчы кыз. Ооба. 
Зарина. Билбейм… Өзүмдөн өзүм эле очень сильно переживаю. 
Кызматчы кыз. Тынчсызданбай эле кой. Баары жакшы болот. 
Зарина. Ладно. Кабатыр болбой эле коёюн. 
Кызматчы кыз. (Алаксытмакчы болуп) Кел, андан көрө башка бир теманы сүйлөшөлү. 
Зарина. Эмне теманы? 
Кызматчы кыз. Мындай… Бир, кызыктуу тема болсо…
Зарина. (Көздөрү жандана түштү) Мейли!.. Мен сага көптөн бери бир суроо берейин деп жүргөм.
Кызматчы кыз. Эмне суроо? 
Зарина. Бир нерсени билейин дедим эле. 
Кызматчы кыз. (Кызыга түштү) Сурасаң, анда. 
Зарина. Эсиңдеби, экөөбүздүн мультимиллиардер жөнүндө сүйлөшкөнүбүз? 
Кызматчы кыз. (Эстей албай) Качан сүйлөштүк эле? 
Зарина. Мен Канат менен алгачкы жолу таанышкан түнүчү… 
Кызматчы кыз. И-и-и… Эстедим. 
Зарина. Ошондо сен айткансың, сүйбөсөм деле байлыгына карап чыга берем деп. 
Кызматчы кыз. Айткам-айткам, а эмне болду? 
Зарина. Неужели, сүйбөсөң деле байлыгына карап чыга берет элең?
Кызматчы кыз. (Ийинин куушуруп) Может быть, чыга бермекмин… 
Зарина. (Ойлоно түштү) Сүйбөсөң кантип жашайт элең аны менен?..
Кызматчы кыз. А эмнеси бар экен, жашай бермекмин. Самое главное, бактылуу болсоң болду да.
Зарина. (Таң калып) Не знаю… Адам сүйүүсүз кантип бактылуу болушу мүмкүн?.. (Башын чайкап) Жок, сүйүүсүз жашоого мүмкүн эмес! Мен андай жашоону таптакыр элестете албайм.
Кызмытчы кыз. Зариночка, чынымды айтайынбы? (Пауза) Мен ушу кезге чейин чыныгы сүйүү эмне экенин билбейм. Андай сүйүү башыма келген эмес, эч качан.
Зарина. (Тунжурай түштү) Да-а, башыңа келбеген үчүн жанагинтип айтып атасың. А чындап сүйсөң антип айтмак эмессиң.
Кызматчы кыз. (Башын ийкеп) Аның чын. (Кичине тыным) Высоцкий айткандай сүйгөнүң менен жыртык алачыкта жашасаң да жыргал болуш керек, ээ?
Зарина. Сүйүүгө эч нерсе тең келе албайт!..
Кызматчы кыз. (Заринага суктана карады) Мен да бирөөнү сүйгүм келип атат.
Зарина. (Жылмая) Знаешь, сүйүү деген капысынан келет. Кантип сүйүп калганыңды өзүң да билбей каласың.
Кызматчы кыз. Жаз эртерээк келсе болот эле.
Зарина. (Жылмайып) Сүйүүлөр жазда башталат дегиң келип атабы? 
Кызматчы кыз. (Күлүп) Конечно… А то ушундай кычыраган кышта да киши сүйө алабы? Жолугалы деп чыксаң тоңуп калаарсың тим эле, сосулькадай болуп.
Зарина. (Жылмая) Нет, наоборот, сүйүүнүн күчүнөн сосулькаларың ээрип кетет!.. 
Кызматчы кыз. Аны сүйгөн киши билет да.
Зарина. (Жылмая) Конечно… 
Кызматчы кыз. Зариночка, сурооңо жооп алдыңбы? 
Зарина. Да.
Кызматчы кыз. Зариночка, айтчы, эмнени выяснить эттиң? 
Зарина. (Купуя жылмая) Айтпайм. Таарынба.
Кызматчы кыз. Эмнеге таарынмак элем. Зариночка,жүрү анда, тамак ичели. 
Зарина. Сен барып олтура бер. А мен дагы бир жолу чалып көрөйүн.
Кызматчы кыз. Только, көпкө күттүрбө (Ашканага кирип кетти.
Зарина телефонду алмакчы болуп колун созо бергенде аппарат шыңгырап ийди. Зарина селт этип чочуп кетти да, дароо телефонду ала койду.
Зарина. (Аптыга) Ал-ло!.. Ал-ло!.. (Суз тарта түштү) И-и… Мен угуп атам… Привет… Айт, айта бер… (Пауза) Айта бер да, эми… (Өңү өзгөрүлө түштү. Үрөйү учуп кетти) Эмне дедиң?!. Аны ким айтты, сага?!. Чынбы?!. Чынбы ушул?!. (Колунан телефондун трубкасы түшүрүп жиберип, нес болуп туруп калды. Күбүрөнүп) Жок!.. Жок!.. Ишенбейм!.. Ишенбейм!.. Жок!.. Жок!.. Ишенбейм!.. Ишенбейм!!! (Анан дароо эшикти көздөй умтулду да, шашыла чыгып кетти).
Кызматчы кыздын үнү. Зарин-очка, тамак муздап калмай болду-у…
(Пауза).
(Кызматчы кыз кирди, бөлмөгө).
Кызматчы кыз. Зариночка… (Эки жагын карап, таң кала түштү) Зариночка… 
(Телефондун жерде жаткан трубкасын ала коюп, оордуна койду. Кабатыр боло) Эмне болуп кетти, бир паста?!. Каякка кетип калды?! (Аңгыча телефон дагы шыңгырады. Кызматчы кыз ала койду). Алло!.. Да!.. Заринабы?!. Азыр эле үйдө болчу… Бир жакка чыкты окшойт… (Үрөйү учуп кетти) Ыя?!. Койчу?!.

Он үчүнчү сахна

Бишкектин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жаны.Өңү бопбоз болгон, тонунун боору топчуланбаган Зарина энтиге басып, үйдүн жанына келип, бир аз аярлады. Эмне кылышты билбей туруп калды. Ошол маалда кыздын алдынан баягы чоочун кишиге опокшош адам чыкты.
Киши. (Заринага) Эмне турасың бул жерде чоң, кыз? Кимге келдиң эле?
Зарина. (Чочуп кетти, бирок өзүн колго алды) А, бул жерде эмне болуп атат, байке?
Киши. (Заринаны таң кала карады) Как “эмне болуп атат?” Ты видишь, эмне болуп атканын…
Зарина. (Апкаарып) Эмне мынча көп эл чогулган?..
Киши. (Заринаны дагы таң кала карады) А как же… Мындай учурда көп эл чогулбаганда, анан кандай болот?..
Зарина. (Ишеңкиребей) “Мындай учурда” дейсизби?..
Киши. Ооба, чоң кыз , мындай учурда дайыма ушинтип эл көп чогулат.
Зарина. (Ишенгиси келбей) Байке!.. Байке!.. Чынын айтыңызчы.
Киши. (Суз) Эмнени?..
Зарина. (Каргылдана) Ушул… чынбы?!.
Киши. (Суз) Чын!.. Же түш деп атасыңбы, муну?..
Зарина. (Өзөгү өрттөнүп кетти) Антип айтпаңыз, байке!.. Антип айтпаңыз!.. 
Киши. (Суз) Мага ишенбей атасыңбы?.. Анда, пожалуйста, сура тээтиги тургандардан.
Зарина. (Башын чайкап) Жок, жок !.. Сурабайм!.. Сурабайм!.. Просто, ишенгим келбей атат!.. (Көзүнөн жаш кете баштады).
Киши. (Ийинин куушуруп) Ну, кызым… Ишенесиңби, ишенбейсиңби… Бүттү, баары…
Зарина. (Нес боло башын чайкап) Антип айпаңыз!.. Антип айтпаңыз!..
Киши. (Суз) Кызым чындык ошондой ачуу болот!.. 
Зарина. (Нес болгон калыбында күбүрөнүп) Сиз… Сиз… жаман… жаман киши экенсиз!.. (Жашын жутуп алды).
Киши. (Суз) Мен күнөөлү эмесмин буга, кызым… 
Зарина. (Жашын жутуп) Мен сизди күнөөлөп аткан жокмун… (Нес боло күбүрөндү) А ким өлдү?..
Киши. (Суз) “Ким өлдү?” дегени эмнеси?.. Көрүп атасыңбы, тээтиги портретти?
Зарина. (Нес боло күбүрөнүп) Көрүп атам… Көрүп атам… 
Киши. Көрсөң, ошол… Канат… Өлдү… (Басып кетти, короону көздөй).
Зарина. (Нес боло түшүп) Канат?!. Жок!!! Жок!!! Ишенбейм!!! Андай болушу мүмкүн эмес!!! (Ичинен тымызын өксөп кетип баратты).

Он төртүнчү сахна

Он үчүнчү сахнадагы көрүнүш. Шашкалактаган Заринанын апасы көрүндү. Эки жакты карап, көп кабаттуу үйдүн короосунан чыга келди, көчө тарапка. Ошол учурда Заринанын апасынын алдынан баягы киши чыга калды.  
Заринанын апасы. (Шашкалактап) Саламатсызбы?
Киши. Саламатчылык…
Заринанын апасы. (Кейиштүү) Арты кайрылуу болсун…
Киши. (Суз) Рахмат… 
Заринанын апасы. (Кейиштүү) Жапжаш бала!.. Азыр эле атасына жолугуп көңүл айттым. Оозум батынып сурай албай койдум. Кырсык болдубу?
Киши. (Суз) Жүрөгү ооручу, бала күнүнөн.
Заринанын апасы. (Башын чайкап, кейип турду) Ай-ай-ай!.. (Үшкүрүп алды) Угуп калып, аябай жаман болдум…
Киши. (Суз) Кимден уктуңуз?
Заринанын апасы. Үйдөн телефон чалып, айтышты. Кызматта элем… Үйдө кызым бар эле… Чыгып кетиптир… Санаам чыдабай, биякты көздөй жөнөбөдүмбү.
Киши. (Суз) Ошол кыз сиздин кызыңыз беле?..
Заринанын апасы. (Кабатырланганы жасылбай) Келдиби, биякка?!.
Киши. (Суз) Келген.
Заринанын апасы. (Заманасы куурулуп) Кеттиби, кайра?!.
Киши. (Суз) Кетти.
Заринанын апасы. (Заманасы ого бетер куурулуп) Каякка кетти?!.
Киши. (Ийинин куушуруп) Билбейм. Машинасына олтуруп, тээтиги жакты көздөй айдап кетип атканын көрүп калдым.
Заринанын апасы. (Үрөйү учуп) Канча болуп калды, кеткенинине?!.
Киши. (Саатын карап) Где-то… он үч мүнөт мурда.
Заринанын апасы. (Үрөйү уча) “Он үч мүнөт” дейсизби?!.
Киши. (Башын ийкегилеп) Ооба.
Заринанын апасы. (Үрөйү уча) Кайда кетти?!. Кайда кетти кызым?!. (Санааркаган боюнча шашыла жөнөдү).
   
Он бешинчи сахна  

Кыш. Талаа. Зарина турду өксөп ыйлап.
Зарина. (Өксөп) Ка-нат!.. Ка-нат!.. Кантип жашайм?!.. Кантип жашайм?!. (Аңгыча талааны кезип өзүн көздөй келаткан караанды көрүп, кыз бир саамга селейе калды) Канат?!. Канат?!. Сенсиңби?!. Чын эле, чын эле сен!.. Сен экенсиң?!.
Канат. (Кыздын маңдайына келди) Зайка!.. Эмне болуп атасың?!.
Зарина. (Селейе, ичи тызылдай, оозуна сөз келбей) Мага айтышпадыбы!.. Мага айтышпадыбы!.. 
Канат. Эмне деп?
Зарина. (Селейе) Сени!.. Сени!.. Айтканга оозум барбай атат!.. (Өксөп ийди).
Канат. Мен ушул жерде эле жүрөм да..
Зарина. (Селейе) И-и… түшүндүм, сен мени күтүп аткан турбайсыңбы.
Канат. Жок!.. Антип айтпа!.. Мен, жөн эле… Сен экөөбүз дайыма келип, ойногон жерге кэлээриңди билип, келгем.
Зарина. (Зарина көзүнүн жашын көл кылып) Мен сенсиз жашай албайм!.. Мен сенсиз жашай албайм!.. 
Канат. (Жалооруй) Зайка!.. Сен, антпе!.. Антпе!.. Пожалуйста!..
Зарина. (Башын чайкап) Жок!.. Жок!.. Мен сени менен кетем!.. Мен сени менен кетем!.. (Өксөп ыйлай баштады) .
Канат. (Жалооруй) Зайка!.. Мен сага айтпадым беле!..
Зарина. (Өксөп ыйлап) Айткансың!.. Өлүм жөнүндө айтпай, ойлобой жүр дегенсиң!.. 
Канат. Көрдүңбү?..
Зарина. (Өксөп ыйлап) Түшүнүп турам!.. Түшүнүп атам, мен аны!.. Бирок!.. Сенсиз!.. Сенсиз кантип.. кантип жашайм, мен?!. (Өксөп ыйлап атты).
Канат. (Жалооруй) Зайка!.. Укчу мени, укчу!..
Зарина. (Башын көтөрүп) Билем!.. Билем, эмне дээриңди!.. Сен мени! Сен мени, жамандыкка кыймак эмессиң!.. (Өксөп атты)
Канат. (Жалооруй) Зайка!.. Менин тилимди алчы!..
Зарина. (Өксөп) Акылым жетип турат!.. Акылым жетип турат!.. (Ичи өрттөнө) Бирок!.. Бирок!.. Сенсиз!.. Сенсиз кантип жаша-айм?!. 
Заринанын апсынын үнү. Зарина?!. Кызым?!. Кайдасың, сен?!.
Зарина. (Көзүнүн жашын тыя албай) Мамам!.. Мамам!.. Мени издеп жүрөт!..  
(Ошол учурда Заринанын маңдайында апасы пайда болду).
Заринанын апасы. (Убайым жеп) Кызым!.. Эсиңе келчи, балам!!!
Зарина. (Апасын тиктеп өксөп ийди) Канаттан айрылып калдым, мама!.. Канаттан айрылып калдым!..
Заринанын апасы. (Кейий) Кайрат кыл, кызым!.. Кайрат кыл!..
Зарина. (Өксөп) Кантип кайрат кылам, мама?!. Кантип кайрат кылам?!. 
Заринанын апасы. (Жалооруй) Балам!.. Биз жөнүндө ойлочу!.. Биз эмне болобуз, балам?!. Мен эмне болом, балам?!. 
Зарина. (Солуктап) Билип турам!.. Билип турам мама!.. Силерге кыйын болот, аябай!.. (Кайра өксөп ийди) Мама!.. Мама!.. Ичим өрттөнүп атат!.. Ичим өрттөнүп атам!.. Ичим өрттөнүп атпайбы!!! 
Заринанын апасы. (Жалооруй) Өзүңдү колго алчы, балам!!. Өзүңдү колго алчы!..
Зарина. (Нес боло) Анте албайм!.. Анте албайм!.. (Пауза) Баары караңгы!.. Баары караңгы!.. Жарык жок!.. Жарык жок!..
(Айлана эмнегедир караңгы боло түшкөнсүдү. Канат да, Заринанын апасы да жок эле. Ээн талаада өксөп ыйлап, жер тытмалаган Зарина гана жалгыз турду).
Зарина. (Күбүрөнө) Мен кеттим!.. Мен кеттим!.. Мама, кош болгула!.. Кош болгула, мама!.. Кош болгула, баарыңар!.. (Теңселе басып жөнөдү. Бир аздан соң автомашинанын от алганы угулду да, жүрүп кетти. Машинанын үнү улум катуулап, алыстап барып “тарс!..”-“турс!..” эткен үрөй учураарылык үн чыкты).
Пауза.
(Алыстан улгайган аялдын үнү угулуп, кыйкырып келатты). 
Улгайган аялдын үнү. (Жанталаша кыйкырып) Кагылайындар!.. Кагылайындар!.. Жап-жаш кыз! Жап жаш кыз авария болду!.. Атайы барып бакты сүздү!.. Скорая!.. Скорая чакыргылачы!.. Ким бар?!. Ким бар?!. Чакыргылачы!..Чакыргылачы, тезирээк!.. 
Пауза.
 (Бир аздан соң кыймылсыз Заринаны көтөрүп келаткан апасы көрүндү. Кызды алып келип, жолдун жээгине жаткырды).
Заринанын апасы. (Кызды тиктеп өксөп ыйлап атты) Эми эмне кылам?!. Эми эмне арга кылам?!.

Он алтынчы сахна
(Эпилог ордуна)

Ээн талаа. Кара жолдун жээги. Күүгүм кирейин деп калган. Заринанын апасы турду тунжурап, эки жагын карап.
Заринанын апасы. (Өзүнчө күбүрөнүп) Ушул жер… Тээтиги бакка урунупсуң… Алда, каралдым, ай!..  
(Ошол учурда Заринанын апасынын кулагына кыз-уландын шыңгыр таза күлкүсү угулуп кеткенсиди. Селт этип чочуп кетти) Капырай?!. Мен эмне болуп турам?!. Сенин үнүңдү угуп атамбы?!. Сенин үнүң экен!.. Экөөңдүн үнүң экен!.. 
(Кыз-жигиттин шыңгыр күлкүсү алыстап бараткансыды).
Сенин күлкүң… Сенин үнүң… Экөөңдүн үнүң… Экөөңдүн сүйүүң…


Бүттү

Февраль – март, 2005 год
   

© Жаныш Кулмамбетов, 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 15979