Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Жаныш Кулмамбетов, 2006. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2020-жылдын 16-майы

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Эсенсиңби, есаул?!.

(Эки бөлүмдүү парабола (притча)

 

Катышуучулар:

Жасоол (есаул, ясаул, жасаул).

Ак хан.

Кара хан.

Кызыл жака хан.

Күрөң хан.

Киши.

Аял.

Жоокер.

Өспүрүм (кичинекей ханзада).

Булардан тышкары эл катышат.

Эскертүү:эгере муктаждык болсо, анда хандардын ролдорун бир артист аткарышы мүмкүн..

 

Биринчи бөлүм

 

Биринчи сахна

Ээн талаа, эрме чөлдө бир киши жанталаша качып келатты. Алдынан белинде кылычы бар жоокер тосо чыкты. Качып келаткан киши кылыччан жоокерге жете берип эт-бетинен тигинин аяк алдына калтырап-титиреп жыгылды.

Киши. (Сөз оозуна кирбей жанталаша) Жан соога!.. Жан соога!..

Жоокер. (Буюра) Тур оордуңан!..

Киши. (Жанталаша) Жанымды!.. Жанымды!..

Жоокер. (Мыскылдай күлүп) Жаның таттуу экен, ээ, байкуш?

Киши. (Жанталаша, бышактап) Чымын жаным…чымын жаным аман… аман калса!..

Жоокер. (Мыскылдай күлүп) Чымын жаның мага керекпи?

Киши. (Селейе түштү) Керек… керек эмеспи?..

Жоокер. (Мыскылдаган калыбында) Өзүмдүн жаным өзүмө жетет. Сенин жаныңдын мага эмне кереги бар. Артыкбаш жандын.

Киши. (Таң кала) Анда…менин жаным кимге керек?

Жоокер. (Ийинин куушуруп) Билбейм. Мени көрүп эле калтырап-титиреп  атасың, алдыңда жан алгыч тургандан бетер.

Киши. (Эсине келип, бирок тигинин сөзүнө ишенээр-ишенбесин билбей) Мен ойлоп атпайымбы-менин жолумду тосуп турган экен деп.

Жоокер. (Мыскылдай) А сенин жолуңду тосуп турса эмне экен?

Киши. (Демин бир басып) Ак хандын жигити го деп ойлогом.

Жоокер. (Мыскылдай күлүп) Ак хандын жигитимин.

Киши. (Кайрадан жанталаша үстөмүнөн жыгылды) Жан соога!..Жан соога!..

Жоокер. (Жини келип) Э!.. Турчу оордуңан!.. Кайра-кайра эле тумшугуң менен жер сүзө бербей!

Киши. (Калтырап-титирегени басылбай) Мен ага жөн эле!.. Жөн эле!.. Айласыздан!.. Аргам жок… кызмат кылгам!.. (Буркурап ыйлап жиберди).

Жоокер. (Кыжыры келип) Эмне дөөдүрөп башымды оорутуп атасың?!

Киши. (Жоокердин бутун кучактап буркурап ыйлап) Мен ага кызмат кылмак эмесмин!.. Кызмат кылмак эмесмин!.. Катын-баламды багайын деп эле…

Жоокер. (Кыжыры ого бетер келип) Тартчы ай, мурдуңдун чимкиригин, катындан бетер бышактабай!

Киши. (Жоокердин бутун коё бербей) Өмүр бою кулуң болуп бербейин!.. Өмүр бою!..Жанымды!..Жанымды!..

Жоокер. (Кыжыры аябай келип) Мобу неме көк мээ болуп калган…немеби?!.

Киши. (Жанталаша) Көк мээ десең-көк мээмин!..Көк мээмин!..

Жоокер. (Кылычынын сабын кармады) Эй, сөзгө түшүнөсүңбү?!.

Киши. (Жанталашып) Түшүнөм!..Түшүнөм!..

Жоокер. (Өкүм буюра) Түшүнсөң-тур оордуңдан!..

Киши. (Жанталаша) Мына!..Мына!..(Калтырап-титиреп оордунан турууга аракет кылды).

Жоокер. (Ого бетер өкүм буюра) Тизелериңди түзө!..

Киши. (Жанталаша) Мына!.. Мына!.. Түзөдүм!.. Түзөдүм!..

Жоокер. (Калыбынча) Эми, демиңди бас!..

Киши. (Калтырап-титирегенин басууга аракеттенип) Бастым!.. Басып атам!..

Жоокер. (Өкүм буюра) Демиңди бассаң… Эми оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук!

Киши. (Өзүн-өзү мажбурлап) Угуп атам!.. Угуп атам!..

Жоокер. (Өкүм буюра) Жасоолсуңбу?

Киши. (Калтырап-титирегенин билгизбөөгө аракеттенип) Тиги…Тиги…

Жоокер. (Өкүм) “Тиги-мигиңди” билбейм! Жасоолсуңбу, деп атам?!

Киши. (Калтырап-титрегенин билгизбөөгө аракеттенип) О-о-оо-ба!.. О-о-оо-ба!.. Болгом!.. Болгом!..

Жоокер. (Өкүм) Дагы титирей баштадыңбы?

Жасоол. (Жанталашып) Мына!.. Жок!.. Мына!.. Жок!..

Жоокер. (Өкүм) Башың кетет байкуш!..

Жасоол. (Жанталаша) Мына!.. Мына!..

Жоокер. (Өкүм) Угуп тур, эми.

Жасоол. (Башын ийкегилеп) Ооба!.. Ооба!..

Жоокер. (Өкүм) Ишенген Зулум ханың качты.

Жасоол. (Жанталашып) Билем!.. Билем!..

Жоокер. (Өкүм) Оордун Ак хан басты.

Жасоол. (Жанталашып) Билем!.. Билем!..

Жоокер. (Өкүм) “Жасоолду издеп таап кел” деп Ак хан мени сага жөнөттү.

Жасоол. (Жанталаша бышактап) Билем!..Билем!..

Жоокер. (Кыжыры кайра келип) Эмнени билесиң?!

Жасоол. (Бышактап) Зулум хандын жасоолумун-жазага тартылышым керек!..(Кайра буркурап ыйлай баштады).

Жоокер. (Кыжыры кайнап) Өчүр, үнүңдү! Ооз ача электе озондобой!..

Жасоол. (Калтырап-титиреп) Мына!.. Мына!.. Тыйылдым!..

Жоокер. (Өкүм) Тыйыл!.. Оозуңду жаап, угуп тур!

(Жасоол башын ийкегилеп жанталаша кулак төшөдү).

Ак хан сени…жасоол кылган атат, өзүнө.

Жасоол. (Ишенээр-ишенбесин билбей) Ме…ме…мен-би?!.

Жоокер. Ооба, сени!..

Жасоол. (Айран-таң калып) Кантип?!.

Жоокер. Ошентип эле!

Жасоол. (Ого бетер айран-таң кала) Мен кечээ эле Зулум хандын жасоолу болсом…

Жоокер. Эми, Ак хандын жасоолу болосуң! Бас! (Жасоолду алдына салып айдап жөнөдү. Калтырап-титиреген жасоол ишенээр-ишенбесин билбей,жоокердин айдоосуна кетип баратты.)

 

Экинчи сахна

Хан сарайдын алдындагы аянт. Көгөндөлгөн эл турду. Аңгыча жоокер кирди аянтка , элди куушура.

Жоокер.Жол бошоткула!..Жол бошоткула!..Улуу урматтуу Ак хан келатат!.. Жол бошоткула!..

(Эл бир капталга ыктап Ак ханды күтүп турушту. Жан жөкөрлөрүнүн коштоосунда аппак кийинип жыгач ат минген хан кирди аянтка).

Эл. (Күбүр-шыбыр болуп) О-о, жыгач ат минип келатат!..Зулум хан атырылган аргымак минчү эле!..

Ак хан. (Элге кайрылып) Урматтуу калайык!..Силерди далай жылдан бери аёсуз эзген, силердин маңдай териңерге көзүн май басып көпкөн Зулум хан тагынан түштү! Мындан ары жашооңор оңолот! Келечегиңер кең болот! Силерди эч ким эзбейт! Силерди эч ким кыйнабайт! Мен силердин жашооңордун жыргалчылыгы үчүн кызмат кыламын! Көрдүңөрбү, астымдагы атты? Зулум хан күлүктөн күлүк тандап, аргымактын мыктысын минип, жалгыз өзү сүлкүлдөп өмүр сүргөн. Силерди ойлогон эмес! А мен эл менен чогуу болом! Силер көргөндү көрөм! Силер ичкенди ичем! Силер мингенди минем!

Эл. (Толкундай түштү) -Эми жыргайт экенбиз!..

Жөнөкөй экен ханыбыз!..

Ак хан. Бүгүндөн баштап-малга-жанга алынган салык азаят!

Эл. (Ого бетер толкуду) О-о, ушу хан бизди жыргатат экен!..

Ак хан. Мен адилеттүү, акыйкат хан болом!.. Баарыңарга тең карайм!

Эл. (Сүйүнүп)-Өркөнүң өссүн, Ак хан!..

— Өркөнүң өссүн!..

Ак хан. (Кыйкырып) Жасоол кайда?!.

Жоокер. (Элдин арасында корголоп турган жасоолду кылыч менен капталга түрттү) Кулагың керең болуп калдыбы?!. Сени чакырып атат!

Жасоол. (Бүжүрөп келип Ак хандын аяк алдына жыгылды) Мен мындамын, ханым!..Мен мындамын!..

Ак хан. (Өкүм) Уктуңбу, менин жарлыгымды?

Жасоол. (Өмөчөктөп) Уктум, ханым!..Уктум!..

Ак хан. (Өкүм) Уксаң  -аткар!..

Жасоол. (Бүжүрөп) Эмнени аткарайын, ханым?..

Ак хан. (Өкүм) Зулум хан элди ыйлатчу беле?

Жасоол. (Башын ийкегилеп) Ыйлатчу.

Ак хан. (Өкүм) Аны ким аткарчу эле?

Жасоол. (Өмөчөктөп) Мен…

Ак хан. (Өкүм) Зулум хан элди көгөнгө тизип алып ары-бери бастырчу беле?

Жасоол. (Башын ийкегилеп) Ооба, бастырчу…

Ак хан. (Өкүм) Аны ким аткарчу эле?

Жасоол. (Өмөчөктөп) Мен…

Ак хан. (Өкүм) Мындан ары сен элди дайыма ырдатасың!

Жасоол. (Өмөчөктөп) Жарайт!..

Ак хан. (Өкүм) Ыйлаган үндү укпайын!

Жасоол. (Өмөчөктөп) Жарайт!..

Ак хан. (Өкүм) Мен башкарып турган убакта эч ким ыйлабаш керек!

Жасоол. (Өмөгөктөп) Жарайт!..

Ак хан. (Өкүм) Күнү-түнү ыр гана угулуп туруш керек!

Жасоол. (Өмөчөктөп) Жарайт!..

Ак хан. (Өкүм) Эл кыйналбасын!

Жасоол. (Өмөчөктөп) Жарайт!..

Ак хан. (Өкүм) Элди көгөндөн бошотуп-бийлетесиң!

Жасоол. (Өмөчөктөп) Жарайт!..

Ак хан. (Өкүм) Колуңда кызыл камчы бар беле?

Жасоол. (Башын ийкегилеп) Ооба…

Ак хан. (Өкүм) Кызыл камчыңды ыргытасың!

Жасоол. (Өмөчөктөп) Жарайт!..

Ак хан. (Өкүм) Сылык болосун!

Жасоол. (Өмөгөктөп) Жарайт!..

Ак хан. (Өкүм) Эми-аткар!..

Жасоол. (Өмөчөкөтөп) Жарайт!..

Ак хан. (Өкүм) Калган жарлыкты ордодон угасың!

Жасоол. (Өмөчөктөп) Жарайт!..

(Ак хан жыгач атын минип алып ордого кетти.

Пауза).

Жоокер. (Жасоолго) Эмне турасың делдейип? Аткарбайсыңбы, жарлыкты!

Жасоол. (Эсине келип) Азыр аткарам!..Азыр!..(Шашкалактап көгөндөлгөн элге жетип барды. Үнүн сылык чыгарып) Зулум хан кандай хан эле?

(Эл унчукпайт).

Залим хан болчу!..

(Эл унчукпайт).

Баарыбызды эзген!..Баарыбызды кыйнаган!..

(Эл унчукпайт).

Бир көзүбүздөн жаш, бир көзүбүздөн кан агызган!..

(Эл унчукпайт).

Аял. (Жасоолду жек көрө карап) Ошонун баарын сен аткаргансың,ыймансыз!

Жасоол. Ооба, мен аткаргам! Аны мойнума алам! Заман ошондой болчу!..Заман!..Зулум хандын заманын желкебиздин чуңкуру көрсүн!..

Аял. (Жасоолду жек көрө карап) Кантип уялбай ушинтип айтып атасың?!. Эй,ыйманы жок,Зулум хандын оң колу эмес белең, кечээ эле!

Жасоол. Ал чын!..Оң колу болчумун!..Ошондой Зулум ханга кызмат кылганым үчүн азыр жети өмүрүм жерге кирип турат!..Уялам!..Өкүнөм!..

Аял. (Жасоолду жек көрө карап) Зулум хандын ырын ырдап,чоорун чоордоп, камчысын чапчусуң!..

Жасоол. Туура!.. Ошенткем!..Анымды танбайм!..

Аял. (Жасоолду жек көрө) Эми кайсы бетиң менен Ак ханга кызмат кылган атасың?!.

Жасоол. Улуу урматтуу ханыбызга ак дилим менен кызмат өтөйм! Кетирген күнөөмдү ишим менен жууйм! Кызматым менен жууйм!..Элге ак кызмат кылам!..Силерге кызмат кылам!..

Аял. (Өзүнчө) Ой,ыйманы жок,о-ой,ыйманы жок!..

Жасоол.(Өрөпкүп) Биз эми адилеттүү заман курабыз!.. Тең заман курабыз!..Жашасын биздин ханыбыз!..Жашасын!..Улуу урматтуу ханыбыздын урматына ырдайлы!..

(Көгөндөлгөн эл акырын ырдай баштады).

Катуурак, катуурак ырдайлы!..

(Көгөндөлгөн эл башындагындан бир аз катуурак ырдай баштады).

Мындан да катуурак!..Мындан да катуурак!..Улуу урматтуу ханыбыз уксун!..

(Көгөндөлгөн эл дагы катуурак ырдай баштады).

Дагы!.. Дагы!..

Аял. (Нааразы боло) Мындан катуу ырдай албайбыз-муунуп атабыз көгөнгө!..

Жасоол. (Чебелектеп) И-и, эсиме жара чыккырдыкы!..Унутуп калган турбаймбы. Азыр бошотом!..Азыр!..(Көгөндөлгөн элди четинен бошото баштады) Көрдүңөрбү, улуу урматтуу ханыбыз кандай айкөл хан!.. Кандай адилет хан!..Кандай жоомарт хан!..(Баарын бошотуп бүтүп) Улуу урматтуу ханыбыздын урматы менен жакшы заман келди!..Жаркыраган келечек бизди күтүп атат!..Ушул жашообузду кудай кут кылсын деп бийлейли!..Кана моминтип, моминтип бийлейли!..

(Өзү бийлеп ийди. Эл аны туурап бийлей баштады). Мына!.. Ушинтип бийлегиле!.. Ушинтип!.. (Койнунан чоор алып чыга калды да үйлөмөкчү болду).

Аял. (Нааразы боло) Зулум хандын учурундагы чооруңду сууруп чыктыңбы?!.

Жасоол. (Жайдаңдап) Ошол чоор, бирок азыр мунун үнү башка!..Өзгөргөн!.. Мына!.. (Үйлөй баштады).

Аял. (Нааразы боло) Ошол эле үн экен!..

Жасоол. Жок!.. Ал үн эмес, башка үн!..Мына!..Жакшылап тыңшагылачы!..Башка үн бекен?..

Аял. (Мойноп) Ошол эле үн!..

Жасоол. Жок. Сиз каңырыш угуп атасыз. Башка, таптакыр башка үн!.. (Кишиге кайрылып, аябай сылык) Токтоңузчу.

(Киши жалтактап токтоду).

Эмне жалтактайсыз?

Киши. (Жалтактай) Жөн эле…

Аял. (Жасоолду жек көрө) Зулум хандын тушунда төбөсүн далай каңдасаң,жалкоотой болуп калган да, байкуш.

Жасоол. (Кишиге) Коркпоңуз. Ал заман кетти. Экинчи кайрылып келбейт. Биз азыр башка заманда жашап атабыз. Түшүндүңүзбү?

Киши. (Дагы эле жалтактап) Түшүндүм…

Жасоол. (Чоорун үйлөп көрүп) Үнү башка бекен?

Киши. (Жанталаша башын ийкегилеп) Башка экен... Башка экен...

Жасоол. Башка! Таакыр башка! (Аялга) Мына, бул айтып атпайбы, башка деп. Уктуңузбу?

Аял. (Кырс) Уктум.

Жасоол. (Күлүп) Уксаңыз-ошол. (Чоорун үйлөй баштады.

Эл унчукпай бийлеп атты.

Жасоол чоорун тартып, элди бийлетип аянттан алып чыгып кетти. Ыр токтобой угулуп турду).

 

Үчүнчү сахна

Бир топ мезгилден кийин. Хан ордосунан алдындагы аянт. Алыстан ыр угулуп,аянтка эл кирди ырдап-бийлеп. Эл ырдап-бийлеп атканда,аянтка Жасоол кирип келди, жулунуп)

Жасоол. (Кыйкырып) Токтоткула!..Токтоткула!..Ырыңарды!..

(Эл түшүнгөн жок, ырын уланта берди).

Баскыла үнүңөрдү!..Баскыла!..

Аял. (Нааразы боло) Эмне айкырасың?!.

Жасоол. (Ого бетер айкырып) Айкырам!.. Мындан да жаман айкырам!..

Аял. (Какшыктай)Кечээ эле сылыксынып,чычкан албаган сопу мышык кейиптенип атпадың беле?!. Бүгүн сени кайсы кара теке сүздү?!.

Жасоол. (Ызырынып) Ошо кара теке сүздү!.. Жабасыңарбы оозуңарды,же жокпу?1.. Токтоткула дейм, аңылдаганыңарды!.. Токтоткула!..

Аял. (Какшыктап)Копурай, де!.. Эми биз сага аңылдап калдыкпы?!. Кечээ эле өзүң безилдеп жүрбөдүң беле “тынбай ырдагыла, тынбай бийлегиле, шаңдуу ырдагыла, шаңдуу бийлегиле, улуу урматтуу ханыбыз уксун” деп.

Жасоол. (Корс) Айтсам эмне экен?!.Ал ак хандын талабы болчу! Азыр ак хан түштү тагынан.

(Эл дароо ырын-бийин токтотуп үрпөйүп туруп калышты).

Такка Кара хан олтурду.

Аял. (Мыскылдай) И-и…Ошондой де!.. Эмне эле бир паста баягысындай  корсулдап калган десе…

Киши. (Жүрөгү түшүп) Эми эмне болобуз?!.

Жасоол. (Корс) Эмне болсоңор ошо болгула! Башыңар баш, багалчагыңар кара таш!.. Мен кеттим. (Кетүүгө умтулду).

Аял. (Жек көрө мыскылдай) Кара жаныңды ала качып баратасыңбы, Кара хан жазага тартат деп?!.

(Жасоол жооп бербей дагдаңдап жөнөп берди. Жасоолдун алдынан Жоокер тосуп калды).

Жоокер. (Өкүм) Сен каякка?!.

Жасоол. (Бүжүрөп) Мен..мен..кетип бараткам…

Аял. (Жек көрө мыскылдай) Качып баратат!

Жоокер. (Өкүм) Качып?..Кимден качып баратасың?!.

Аял. (Жек көрө мыскылдай) Ак хан тактан түштү, эми Кара хан жазалайт,деп жүрөгү түшүп качып бараткан кези.

Жоокер. (Жасоолго) Тур, элдин катарына!..

Жасоол. (Бүжүрөп) Мен…мен…

Жоокер. (Өкүм) Үнүңдү басып, элдин катарына туруп кал, ушунчаңда!..

Жасоол. (Калтырап-титиреп) Жарайт!.. Жарайт!.. (Бүжүрөп барып элдин катарына туруп калды).

Жоокер. (Элге) Азыр улуу урматтуу ханыбыз-Кара хандын амирин угасыңар!..

(Аңгыча аянтка сомодой-сомодой болгон куралчан жигиттердин коштоосунда бети таштай каткан кыймылсыз сүрдүү капкара кийген хан шарт кирип келди).

Кара хан. Бурадарлар!..

Эл. (Үрпөйүп күбүр-шыбыр боло түштү). “Бурадарлар” деди бизди…

Кара хан. Силерди күндө ырдатып-бийлетип, күндө жыргал-күндө той уюштурган, баарыңарды эсирткен,Ак хан тагынан түштү!.. (Алда немени күтүп калды.

Эл дымып турду).

Ак хан тагынан түштү деп атам!..

(Эл дагы эле дымып турду).

Ак хан тагынан түштү деп атам!..

(Эл дагы эле дымып турду. Ошол маалда элдин катарынан Жасоол суурулуп чыга калды).

Жасоол. (Үч бүгүлүп, Кара ханга жүгүнүп) Ырас болду тактан түшкөнү!.. Ырас болду!.. Ак хан бүт элди маскарапоз кылган!.. Каалагандай ырдатып, каалагандай бийлетип, каалашынча чалчактаган! Баарыбыз качан Ак хан тактан түшөт деп самадык эле!.. Күттүк эле!.. Зарыгып күттүк эле!.. Мына эми,көптөн күткөн тилегибиз орундалды!.. Сиз орундаттыңыз!..

Аял. (Жасоолду жек көрө өзүнчө күңкүлдөп) Мобу уяты жокту карачы!.. О-ой, бети жок, о-ой, бети жок!..

Жасоол. (Үч бүгүлгөн калыбында) Сизге ырахмат!.. Сизге ырахмат!.. (Элге) Жашасын, улуу урматтуу ханыбыз!.. Жашасын!..

Эл. (Жасоолдун сөзүн коштоп) Жашасын!..Жашасын!..

Кара хан. Куру ырга курсак тойбойт-иштеш керек!.. Эмгектениш керек!..Баш көтөрбөй иштеш керек!.. Күнү-түнү иштеш керек!.. Курсак тойсо-ыр да болот. Карын тойсо-бий да болот!.. Биринчи казынаны толтурушубуз керек!.. Казына толсо-мамлекет бай болот!.. Мамлекет байыса-элдин карды тоёт!.. Мен Ак ханга окшоп силерди куру убада менен тойгузбаймын. Мен силерди иштетемин!.. Эмгектентемин!.. Тыным албай мээнет кылдырамын!.. Саргара жортсок-кызара бөртөбүз!.

(Пауза).

Эл бузулуптур!..Журт бузулуптур!.. Мамлекетте темирдей бекем тартип болуш керек,биринчи кезекте!.. Тартип!..

(Эл дымып угуп турду).

Жасоол барбы?!.Жасоол?!.

(Жасоол бүжүрөп турду унчукпай).

Аял. (Жасоолду көрсөтүп) Мына, Жасоол.

Кара хан. (Жасоолго) Кулагың дүлөйбү?!.

Жасоол. (Жанталаша) Жок!.. Жок!.. Улуу урматтуу ханым!..

Кара хан.  (Өкүм) Кел, алдыма!

Жасоол. (Жерден башын көтөрбөй, калтырап-титиреп, жөрмөлөп жетип барды) Жан соога!.. Жан соога!.. Жан соога, ханым!.. Отуңуз менен кирип-күлүңүз менен чыгайын!..

Аял. (Жек көрө) Ой, шерменде-е!.. Ой,шерменде-е!.. Ыйманың кеткен шерменде-е!..

Кара хан. (Буюра) Азыр менин артыман ордого келесиң! Амиримди угасың! Анан, айтканымды айткандай, дегенимди дегендей аткарасың!

Жасоол. (Өмөчөктөгөн калыбында) Сизге кызмат кылууга дайым даярмын, улуу урматтуу ханым!.. Эмне десеңиз-ошонун баарын оорундатам!.. Эмне айтсаңыз-чып-чыргасын коротпой аткарам!..

Аял. (Жек көрө башын чайкап) Ой, кубулма жүзүкара!.. Ой, кубулма жүзүкара!..

(Кара хан сомодой-сомодой жигиттердин коштооосунда кандай келсе,дал  ошондой шарт-шарт басып чыгып кетти.

Жасоол төрт аяктаган боюнча Кара хандын артынан түштү.

Эл эмне кылаарын билбей дымып турду).

 

Төртүнчү сахна

Ошол эле аянт. Ошол эле көрүнүш. Эл дагы эле дымып,алда немени күтүп турушту. Жасоол кирди аянтка шарт-шарт басып, төрт жоокердин коштоосунда,курал-жаракка чулганган. Жанында аскер кийимчен өспүрүм.

Жасоол. (Чакчалаңдап,элге) Эй,кейбирлер,эмне турасыңар, койдой болуп?!.

Аял. (Нааразы боло) Анан кантип туралы?

Жасоол. (Аялга тап берип) Оозуңду бас, эй, катын!.. Алыкы жылаандыкындай тилиңди жулуп коём! (Элге) Кимде-ким мындан ары оозун ачып, каяша сүйлөчү болсо-тили кесилет! Башыңарды көтөрсөңөр-башыңар чабылат! Көзүңөр менен тик карасаңар-көзүңөр оюлат! Айтканды аткарбасаңар-кулагыңар шылынат! Акырын бассаңар-бир бутуңарды кесем! Катуу бассаңар-эки бутуңарды мулуйтам!

(Пауза).

Бул - улуу урматтуу Кара хандын жарлыгы! Эми, мындан ары кантип басасыңар-кантип турасыңар-ошону угуп алгыла! Эки буттан басмай жок!

Аял. (Чыдай албай) Анан эмне төбөбүз менен басабызбы?!.

Жасоол. (Ызырына) Эй, катын!.. Үнүңдү өчүр!.. Өчүр үнүңдү!..

(Аял унчукпай калды).

Төбөңөр менен эмес - мал сыяктуу төрт аяктап басасыңар! Бул - улуу урматтуу Кара хандын амири! Башыңарды жерден көтөрбөйсүңөр! Бул-улуу урматтуу Кара хандын амири! (Элге буюра) Төрт аяктагыла!

(Эл төрт аяктады).

Жөрмөлөгүлө!

(Эл жөрмөлөп жөнөдү).

Токтогула!

(Эл токтоду).

Эртең менен таң үрөң-бараңдан тартып жапырт ойгоносуңар! Керелди кечке тыным албай иштейсиңер! Кечинде каш карайганда жапырт жатасыңар! Бул- улуу урматтуу Кара хандын жарлыгы!

Аял. (Жасоолду какшыктап) А качан ырдайбыз, качан бийлейбиз?

Жасоол. (Ызырынып) Ырдаганды, бийлегенди ким коюптур, ыя, силерге?!

Аял. (Какшыктап) Ушу кезге чейин ырдатып, бийлетип келбедиң беле?!.

Жасоол. (Титиреңдеп) Ал башка заман болчу!.. Башка заман!.. Ак хандай ары жок хандын заманы болчу!

Аял. (Какшыктап) Ошол “ары жок хандын” кол алдында эле жүрдүң эле го, бизди “катуураак ырдагыла, катуураак бийлегиле, башка заман келди, жыргал заман келди, эми жыргайбыз эми куунайбыз” деп?

Жасоол. (Ачуусу башына чыгып) Эй, катын!.. Үнүңдү өчүр дегем мен сага!.. Үнүңдү өчүр!.. (Аялды кекетип) Кайсы ырысыбызга ырдайбыз, кайсы ырысыбызга бийлейбиз, ыя?!. Мындан ары ыр дегенди унуткула!.. Түшүндүңөрбү?!.

 (Эл дымып, бүрүшүп унчуккан жок).

Аял. (Какшыктай) Түшүндүк. Ордого улам жаңы хан кирген сайын “жаңырып”, өзгөрүп, кубулуп турат турбай…бызбы.

Жасоол. (Айкырып) Мобу, катынды эмне кылсам, ыя?!.Азыр алдыгы узун тилиңди кыскартам!. .(Шамшарып сууруп алды. Ортого бүжүрөп Киши түшө калды).

Киши. (Жанталашып) Бир ачууңузду!…Бир ачууңузду!..

Жасоол. (Айкырып) Тур жолдон!.. Тур!..

Киши. (Жанталашып) Дудук болот!.. Үн чыкпайт!.. Сөз чыкпайт!..

Жасоол. (Демин басып) Болуптур!.. (Элге) “Кечээ Ак хандын заманында биз менен кошо ырдап, кошо бийлеп жүргөн деп”, тоготпой атсаңар керек? (Ызырынып) Бүгүн мен - башкамын!.. Башкамын!.. Тилиңерди тыйып жүргүлө!.. Болбосо, өз тилиңер өзүңөргө душман болот!..

Аял. (Өзүнчө күңкүлдөп) Элдин тилин ким тыят экен?..

Жасоол. (Кулак төшөп, Аялга карады, бүшүркөп) Тээтиги катын бирдеме дегендей болдубу, ыя?

Киши. (Билмексен болуп) Жок. Эч ким сүйлөгөн жок.

Жасоол. (Бир далайга бүшүркөп турду. Аялга сөөмөй кезеп) Ошентип, сүйлөбө!.. (Элге) Тургула ордуңардан!..

(Эл ордунан турду). Кыйкыргыла-“Жашасын, улуу урматтуу ханыбыз!” деп.

Эл. Жашасын, улуу урматтуу ханыбыз!..

Жасоол. Дагы!..

Эл. Жашасын, улуу урматтуу ханыбыз!..

Жасоол. Дагы!..

Эл. Жашасын, улуу урматтуу ханыбыз!..

Жасоол. (Элге) Төрт аяктагыла!..

(Эл төрт аяктады).

Жөрмөлөгүлө!..

(Эл жөрмөлөп жөнөдү).

Жасоол. (Өкүм,өспүрүмгө) Балыкка айланып кетем деген бала кыялың калдыбы?!.

Өспүрүм. (Чак-чак этип) Калды!

Жасоол. (Өкүм) Эч качан эстебейсиңби?!.

Өспүрүм. (Чак-чак этип) Эстебейм!

Жасоол. (Өкүм) Ак кемең кана?

Өспүрүм. (Чак-чак этип) Талкаланган!

Жасоол, (Өкүм) Ким талкалады?!

Өспүрүм, (Чак-чак этип) Өзүм!

Жасоол. (Койнунан ар түстүү чүпүрөктөрдү алып чыкты) Бул эмне түс?

Өспүрүм. (Чак-чак этип) Кара!

Жасоол. Бул эмне түс?

Өспүрүм. (Чак-чак этип) Ак!

Жасоол. (Башка түстү көрсөтүп) Бул эмне түс?

Өспүрүм. Кара!

Жасоол. (Дагы башка түстү көрсөтүп) Бул эмне түс!

Өспүрүм. Ак!

Жасоол. (Чүпүрөктөрдү бүт көрсөтүп) Канча түс бар?

Өспүрүм. Эки!

Жасоол. Айт!

Өспүрүм. Ак! Кара!

Жасоол. Дагы!

Өспүрүм. Ак! Кара!

Жасоол. (Өкүрүп) Да-гы!!.

Өспүрүм. Ак!..Кара!..Ак!..Кара!..Ак!..Кара!..

Жасоол. (Өкүм) Болду!..

(Өспүрүмдүн колуна чот карматты).

Ме!

(Өспүрүм колуна чотту алды).

Мобуларга сени кароолчу коёмун! Ким баш көтөрсө-чот менен башын жара чабасың! Түшүндүңбү?

Өспүрүм. (Чак-чак этип) Түшүндүм!

Жасоол. (Өкүм) Кайталачы.

Өспүрүм. (Шарт-шарт сүйлөп) Ким баш көтөрсө-чот менен башын жара чабам!

Жасоол. Аябайсыңбы?!.

Өспүрүм. (Чак-чак этип) Аябайм!

Жасоол. Аткарганга даярсыңбы?!.

Өспүрүм. Дайым даярмын!

Жасоол. (Өкүм) Жөнө! (Койнунан чоорун алып чыгып тарта баштады. Чоорунан чоордун үнү эмес эле сурнайдын бапылдаган үнү чыгып атты.

Өспүрүм шарт-шарт басып, жөрмөлөп жүргөн элдин артынан түштү.

Бир аздан соң жанталашып Киши жөрмөлөп жетип келди,башы канжалап).

Киши. (Үрөйү уча бүжүрөп) Өлдү!..Өлтүрдү!..

Жасоол.(Чоор тартканын токтотуп) Ким өлдү?!. Ким Өлтүрдү?!.

Киши. (Үрөйү уча бүжүрөп) Тиги бала!..Чот менен бирөөнү башка чаап өлтүрдү!..

Жасоол. (Өкүм) Эмнеге чапты?

Киши. (Бүжүрөй,үрөйү уча) Баш көтөрөсүң деп…

Жасоол. (Табалай) Сооп!.. Чала!.. Ошону көрөсүңөр!.. Баш көтөрсөңөр!.. Баш көтөрбөгүлө!..Өлөсүңөр!..

Киши. (Үрөйү учуп,бүжүрөй) Минтип олтурса… кырып салат ко баарыбызды?!.

Жасоол. (Мыскылдай) Ылайым кырылып калаар күнүңөр кана!..

(Пауза).

 А сага эмне болду?

Киши. (Бүжүрөй,үрөйү уча) Тиги кишиге жардам бересиң деп, союл менен башымды жарды!..

Жасоол. (Өкүм) Ким?!

Киши. (Бүжүрөй, үрөйү уча) Тиги ...бала...

Жасоол. (Өкүм) Ал бала кайсы бала?!

Киши. (Үрөйү уча, бүжүрөп) Тиги...

Жасоол, (Өкүм) Ал кимдин баласы?!

Киши. (Үрөйү уча ,бүжүрөй) Ал бала... Ал бала...

Жасоол. (Тиштене кыйкырып) Кимдин баласы?!.

Киши. (Ооз учунан, бүжүрөй) Ме... ме... менин... менин балам...

Жасоол. (Өкүм) И-и!.. Сенин балаң!.. Кимдин баласы?!

Киши. (Бүжүрөй) Менин...

Жасоол, (Өкүм) Сенин!.. Сенин балаң!.. Биздин келечегибиз!.. Бар, эми!..

(Киши жөрмөлөгөн бойдон кайра артына кетти.

Жасоол чоорун кайра тарта баштады. Чоорунан сурнайдан үнү бапылдап чыгып атты).

 

Экинчи бөлүм

 

Бешинчи сахна

Хан ордонун аянты. Хан ордосу тарапта эл ызы-чуу, күрү-күү болуп атышты. Аңгыча аянтка Жасоол чуркап кирди алактап, жылаң баш, жылаң аяк. Анын качып келаткан түрү бар. Ошол маалда Жасоолдун маңдайынан Киши чыга калды. Жасоол жүрөгү түшүп, калтырап-титиреп каякка жашынаарын билбей турду.

Киши. (Жүрөксүнө) Тиякта эмне болуп атат?

Жасоол. (Демин бир аз басып) Билбейсиңби эмне болуп атканын?

Киши. Жок. Мен андай ызы-чууга аралашпайм. Аралашып көргөн да эмесмин.

Жасоол. (Алактап) Кара хан тактан кулады.

Киши. (Элеңдеп) Кара ханбы?!.

Жасоол. (Ооз учунан) Ооба.

Киши. (Үрөйү учуп) А биз кантебиз?!.

Жасоол. (Ооз учунан) Кантмек элеңер… жашайсыңар… жашап келгенсиңер… жашай бересиңер…

Киши. (Үрөйү учуп) А сиз кантесиз?!.

Жасоол. (Алактап) Мени эптеп качырып жибер. Тигилердин колуна тийсем теримди тескери сыйрышат.

Киши. (Кабатыр болуп) Таанып калышсачы?

Жасоол. (Жалооруй) Кийимдерибизди алмашалы?!.

Киши. (Кыжаалат болуп) Жасоолдун киймин кантип кием?!. Өмүрүмдө сиздикиндей кийим кийип көрбөсөм?!.

Жасоол. (Шашкалактай) Убактылуу кийип турасың. Бол, эми!..Тез!..Тигилер мени кармашса!..

(Киши кыйыла үстүндөгү кийимин чечип берди. Жасоол ага өз кийимин берип, тигинин кийимин кийип качып жөнөдү. Ошол маалда элдин ызы-чуу, күрү-күүсү улам күчөгөндөн күчөп аянтка жакындап келатты. Жасоолдун кийимин кийген Киши коркконунан калтырап-титиреп, кайда качаарын билбей, чебелектеп атты. Аңгыча аянтка жакасы кыпкызыл ханды ортосуна алып эл агылып кирип келди).

Кызыл жака хан. (Жасоолдун кийимин кийген Кишини көрө коюп) Кармагыла момуну!..Алып келгиле, менин алдыма!..

(Эки-үч киши жабылып Кишини кармап дегдеңдетип сүйрөп келишти).

Киши. (Жанталашып) Мен!..Мен!.. Мен ал эмесмин!.. Мен ал эмесмин!.. Мен менмин!.. Мен менмин!..

Аял. Бул башка,Жасоол эмес.

Кызыл жака хан. Жасоол кайда?!.

Киши. (Тиши-тишине тийбей шакылдап) Билбейм…Билбейм…

Кызыл жака хан. Качтыбы?!.

Киши. (Тиши-тишине тийбей шакылдап) Билбейм…Билбейм…

Кызыл жака хан. Анын кийимин кантип сен кийип калдың, билбесең?

Киши.  (Тиши-тишине тийбей шакылдап) Билбейм… Билбейм…

(Пауза).

Кызыл жака хан. (Элге) Көктөн тилегениңер-жерден табылды!.. Эңсеп күткөн күнүңөр келди!.. Кара хандан кутулдуңар!.. Эркинсиңер!.. Эркинсиңер!..

(Эл дуу этти).

Бүт баары силердики!.. Жер да силердики, байлык да силердики! Мамлекет да силердики!.. Баарыңар теңсиңер!.. Баарыңар бирдейсиңер!..

Аял. (Чечекейи чеч боло сүйүнүп) О-о, Кудай!..

Кызыл жака хан. (Аялга) Муну Кудай эмес, биз-адамдар жасадык!.. (Элге) Адам баарынан бийик!.. Адам баарынан жогору!.. Адамдан өткөн эч ким жок!.. Кудай жок!.. Адам гана бар!.. Жашасын адам!..

Эл. Жашасын!..

Кызыл жака хан. (Элге) Биз башкача, жаңыча адамдарды тарбиялап чыгарабыз!.. Алар баарынан күчтүү, баарынан бийик, баарынан кыйын болушат!.. Биз ошондой жогорку аң-сезимдүү, жогорку акыл-эстүү адамдардан турган коом курабыз!.. Бизди алдыда жаркын келечек күтүп турат!..

(Эл кудуңдап бири-бирин кучакташып, сүйүнүп атышты).

Киши. (Өзүнчө) Капырай чын эле ошондой болобу?..

 (Пауза).

Кызыл жака хан. (Жоокерге) Жасоолду таап менин алдыма алып кел!..(Элдин коштоосунда аянттан чыгып кетти. Аянтта Жоокер менен Киши гана калышты).

Жоокер. (Кишиге) Чеч, үстүңдөгү кийимди!

Киши. (Жалтактай) Жылаңач каламбы?

Жоокер. (Өкүм) Чеч деп атам! Бул сенин кийимиң эмес! Өзүңө чак кийим кийип жүр!

(Киши калтырап-титиреп Жасоолдун киймин чечип берди да өзү ич кийимчен калды. Жоокер Жасоолдун кийимин алып аянттан чыгып кетти).

Киши. (Башын чайкап, кейиштүү) “Бүт баары силердики…Жер да силердики, байлык да силердики…Мамлекет да силердики…Баарыңар теңсиңер…Баарыңар бирдейсиңер…Бизди алдыда жаркын келечек күтүп турат…” (Бүрүшүп, илкий басып аянттан чыгып кетти).

 

Алтынчы сахна

Ээн талаадагы бейит. Аял менен Киши бейитте куран окуп атышты.Аял башын көтөрүп алысты карады да, чочуп кетти.

Аял. (Кишиге) Карачы!..Карачы!..Жасоол келатат!..

Киши. (Кооптоно) Кайсы Жасоол?

Аял. (Өңгөчүн тартып) Кадимки эле Жасоол!..

Киши. (Кооптоно) Качып келаткан жокпу?

Аял. (Башын чайкап) Жо-ок… Качып келаткан түрү жок, түз эле бизге келатат.

(Аңгыча тигилердин жанына Жасоол жетип келди).

Жасоол. (Ороңдоп) Эмне кылып атасыңар?

Аял. Кудайга жалынып атабыз.

Жасоол. Улуу урматтуу  хандын амирин уккан жок белеңер?

Киши. (Шашакалактай башын ийкегилеп) Укканбыз… укканбыз!..

Жасоол. Уксаңар, эмне үчүн анын амирин бузуп атасыңар?!.

Киши. (Бүжүрөп) Биз…жөн эле…тиги… Улуу урматтуу ханга ыраазычылыгыбызды билдирип коёлу дегенбиз! (Сүйүнүп кетти, жооп тапканына).

Жасоол. Ыраазычылыгыңарды ушинтип Кудайга жалынып билдиресиңерби?

Аял. (Кыжыры келе) Анан кантип билдиребиз?!.

Жасоол. (Орой) Кудайга жалынбагыла!.. Жалынсаңар түп-түз  улуу урматтуу хандын өзүнө жалынгыла!.. Кудай жок!.. Түшүндүңөрбү?

Киши. (Бүжүрөп) Түшүндүк!..Түшүндүк!..

Аял. (Кыжыры келип) Биз эми Кудай безер болот экенбиз да?!.

Жасоол. (Орой) Болосуңар!.. Эсиңерге түйүп койгула! Кимде ким мындан ары Кудайды оозанчу болсо - улуу урматтуу хандын каарына калат!

Аял. (Ыраазы боло) “Эркиндикке жетишкенибиз” ушул экен да?

Жасоол. (Ороңдоп) Күнү-түнү, эс албай, башыңар менен башмалдак атып иштегениңерди унуттуңарбы?!.

Аял. (Жасоолду жек көрө карап) Сен иштеткенсиң ошентип, бизди!

Жасоол. (Олунуп) Мен Кара хандын амирин аткаргам!

Аял. (Жасоолду жек көрө карап) Баарыбызды жөрмөлөткөнсүң!

Жасоол. (Олунуп) Мен Кара хандын жарлыгын аткаргам!

Аял. (Жасоолду жек көрө карап) Баш көтөргөндүн башын жара чаптырып-өлтүрткөнсүң! Мына бул бейитте ошолордун сөөгү жатат!..

Жасоол. (Олунуп) Мен Кара хандын буйругун аткаргам!

Аял. (Жасоолду жек кµрµ карап) Сенде күнµµ жок турбайбы, анда!.. Ыймансыз!..

Жасоол. (Олунуп) Эй, катын!.. Мен µз ыктыярым менен ошентиптирминби, ыя?!. Мен деген…

Аял. (Жасоолду оозунан сµзүн жулуп алып) Сени ким мажбурлады, ыя?!. Ким?!.

Жасоол. (Сµз таба албай кайсалактап калды, күбүрµнүп) Ким?..Ким?..

Аял. (Жасоолду жек кµрµ карап) Ѕзүң!.. Өзүң!..

(Пауза).

Жасоол. (Айкырып) Жетишет!.. Каралабагыла!.. Каралабагыла!..

Аял. (Жасоолду жек көрө карап) Кимди?!.

Жасоол. (Кайсалай түштү) Кимди?!. (Таба салып) Эркиндикти!..

Азыркы улуу урматтуу ханыбызды!.. Күнү-түнү тындырбай иштегенден кутултту!..Бул эмне-эркиндик эмеспи?!.

(Тиги экөө унчуккан жок).

Эркиндик!..Төрт аяктап жөрмөлөгөндөн кутултту! Бул эмне эркиндик эмеспи?!.

(Тиги экөө унчуккан жок).

Эркиндик!..Чайнаганыңарды билип, жутканыңарды билбей калган төөдөй болбой - адам болгула!.. Киши болгула!.. Мээңерди иштеткиле!.. Ойлонгула!..Кечээ эле жанагы жексур Карахан түбүңөргө жетип коёрдо ушул, азыркы улуу урматтуу ханыбыз сактап калбадыбы, ыя?!. Эркиндик бербедиби! Теңдик бербедиби!

Аял. (Жасоолду жек көрө карап) Эми Кызыл жака хандын чоорун тарта баштаган экенсиң да, ээ?

Жасоол. (Олонуп) Тартам!.. Дагы тартам!.. Чакырышты!.. Керек экемин!..

Аял. (Өзүнчө күңкүлдөп) Бетсиз, десе!..

Жасоол. (Бүшүркөп) Эмне дедиң?!.

Аял. (Жасоолду жек көрө карап) “Жыргаптырбыз” дедим.

Жасоол. Жыргайсыңар!.. Куунайсыңар!..

Аял. (Жасоолду жек көрө карап) Билебиз… Билебиз… Көргөнбүз… Жегенбиз… Тойгонбуз!..

Жасоол. (Өкүм) Тоё элексиңер!.. Эми тоёсуңар!..

Аял. (Какшыктап) Ырахмат!..

Жасоол. (Өкүм) Эми улуу урматтуу ханыбыздын жаңы жардыгын уккула. (Кичине пауза) Залим хан, зулум хан, канкор хан Кара хандын тушунда иттей болуп, малдай болуп төрт аяктап, башыңарды топурактан көтөрө албай жүргөнсүңөр, ээ? Эми, улуу урматтуу Кызыл жака ханыбыз силерди дайым көгөргөн көпкөк асманды көрүп турсун, күндүн чыкканы менен батканын көрсүн, жыбыраган жылдыздарды көрсүн, өзүлөрүнүн адам экенин, табияттын эң улуу кубулушу экенин билсин деп, мындан ары жер тиктеп үңкүйүп баспай, кайкалап бассын  деп жарлык чыгарды. Кана, кайкалагыла!

Аял. (Жасоолду жек көрө карап) Кечээ эле баарыбызды жөрмөлөтүп, жүрбөдүң беле?!.

Жасоол. (Ачуусу келип) Ал башка заман болчу!.. Башка заман!.. Эми ал заманга жол жок!.. Биз деген алдыга!.. Алдыга барышыбыз керек!..

Аял. (Какшыктап) Чалкалаппы?!.

Жасоол. (Ороңдоп) Ооба!..

Аял. (Какшыктап) Жөн эле, адамча түз  бассак болбойбу?!.

Жасоол. (Ороңдоп) Болбойт!..Биз деген адамдын улуу экенин, бийик экенин, баарынан күчтүү экенин даңазалашыбыз керек!..

Аял. (Какшыктап) Чалкалаппы?!.

Жасоол. (Ороңдоп) Ооба!..

Аял. (Какшыктап) “Адамдын улуу экени, бийик экени, күчтүү экени” чалкалаганда билинет экен да, ээ?!.

Жасоол. (Ороңдоп) Так ошондо билинет!..

Аял. (Какшыктап) А башкача билинбейби?

Жасоол. (Ороңдоп) Башкача билинбейт!.. Кайкалганда гана билинет!..

Аял. (Какшыктап) Эмне үчүн?..

Жасоол. (Жооп таба албай кайсалай түштү) Эмне үчүн?.. Эмне үчүн?.. Ошон үчүн!.. Ошон үчүн!..(Таба коюп сүйүнүп кетти) Улуу урматтуу хан айткан үчүн!..

Аял. (Мойноп) А “улуу урматтуу ханың” каяктан билет экен?

Жасоол. (Шар) Билет!..Ал ошол үчүн хан!..Хан билген үчүн айтат!..

Аял. (Какшыктап) Сенчи?.. Сен билесиңби?

Жасоол. (Шарт-шарт сүйлөп) Улуу урматтуу хандын билгени - менин билгеним!.. Ошол!..

Аял. (Жасоолду жек көрө карап) Ак хан эмне үчүн ырдатып-бийлеткенин, Кара хан эмне үчүн жөрмөлөткөнүн да билчү белең?!.

Жасоол. (Айкырып) Алар башка!..Башка замандар болчу!..Бул башка!..Башка заман!..

Аял. (Башын чайкап) Айла жок экен да сага…(Өзүнчө) Сууга салса-чөкпөгөн,отко салса-күйбөгөн ыймансыз десе!..

(Пауза).

Жасоол. (Өкүм) Кайкалагыла!..

Киши. (Бүжүрөп) Кайкалап баса албагандар кантишет?

Жасоол. Сөзсүз кайкалап басыш керек!

(Киши менен аял кайкалап турганга аракеттеништи. Киши боюн түзөй албай койду).

Жасоол. (Кишиге) Кайкалабайсыңбы!

Киши. (Бүжүрөп) Жөрмөлөп жүрүп буту-колум тырышып калыптыр. Жасылбай атат…

Жасоол. Улуу урматтуу хандын жарлыгын бузгуң келип турабы?!.

Киши. (Бүжүрөп) Жок…жок…

Жасоол. (Өкүм) Кайкала анда!..

Киши. (Жакшы эле аракет кылса да түзөлө албай койду. Айласы куруй) Болбой атат…

Жасоол. (Кекете) Болбой атабы?!.

Киши. (Оозу бош,бүжүрөй) Ооба…

Жасоол. (Өкүм) Азыр болтурабыз!.. (Колун кайдадыр жаңсап) Эй, “кичинекей ханзада”,бас бери!

(Тигилердин жанына…Өспүрүм жетип келди, колунда узун таягы бар).

Мынабу Кишини кайкалат!..

Өспүрүм. (Шарт) Жарайт!.. (Бүжүрөп түзөлө албай турган кишини артына таякты чытырата таңа баштады).

Киши. (Онтоп) Ай, балам!..Ооруп атат!..Ай, балам!..Ооруп атат!..

Жасоол. (Өкүм) Адам болгондон кийин чыдаш керек баарына!..

Аял. (Башын чайкап) Ай-ай-ай-ай…

(Өспүрүм кишини таякка чытырата чырмап таштады. Киши онтоп атты).

Жасоол. (Өкүм) Эми, алдыга!..Алдыга баскыла!..

Аял. (Какшыктап) “Жаркын келечекти көздөйбү?..”

Жасоол. (Көңүл бурбай) Баскыла!.. Баскыла!.. Тигине!.. Тигине!..

(Аял менен Киши басып жөнөштү. Киши жаны кыйналып, сүйрөлүп, онтоп араң кетип баратты. Жасоол койнунан чоорун алып чыгып тартып ийди эле, шаңдуу марш чыгып кетти, чоорунан).

Жасоол. (Өспүрүмгө) Мынабул Киши ким экенин билесиңби?

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Киши!..

Жасоол. Ооба, киши. Сенин атаң!..

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Менин атам!

Жасоол. Сенин атаң!

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Менин атам!

Жасоол. (Өкүм) Эмне үчүн сенин атаң?

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Ал мени төрөткөн!

Жасоол. Ооба!

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Ал мени өстүргөн!

Жасоол. Ооба!

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Ал мени тарбиялаган!

Жасоол. Ооба! Бирок туура эмес тарбиялаган!

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Ооба!..

Жасоол. (Өкүм) Анан?!

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Ал мени…

Жасоол. (Өкүм) Токто!..Анан сен адамдарга таарынып,балык болуп кеткиң келген?!.

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Ооба!..

Жасоол. Анан сен адамдарга таарынып,башка планетага кетип калгың келген?!.

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Ооба!..

Жасоол. (Өкүм) Киммин деп ойлоп жүрдүң эле өзүңдү?!.

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Кичинекей ханзадмын деп.

Жасоол. (Өкүм) Анан ошондо кимге жолуктуң?

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Сизге!

Жасоол. (Өкүм) Ошондо мен эмне кылдым?

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Мени сактап калдыңыз!..

Жасоол. (Өкүм) Дагы?!.

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Тарбия бердиңиз!..

Жасоол. (Өкүм) Туура тарбия бердим!

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Ооба!..

Жасоол. (Өкүм) Кимдин буйругун аткарасың?

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Сиздин!

Жасоол. (Өкүм) Аткарууга даярсыңбы?!.

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Дайым даярмын!

Жасоол. (Өкүм) Ак кемең барбы?

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Жок!

Жасоол. (Өкүм) Болобу?!.

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Болбойт!

Жасоол. (Өкүм) Эч качан болбойт!

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Эч качан!..

Жасоол. (Өкүм) Ал кеме эмне эле?!

Өспүрүм. (Шарт-шарт)Жомогум!..

Жасоол. (Өкүм) Жомогуң кайда?!

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Өлдү!..

Жасоол. (Өкүм) Ким өлтүрдү?!

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Өзүм!..

Жасоол. (Өкүм) Эмне үчүн өлтүрдүң?!

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Чоңойдум!.. Адам болдум!..

Жасоол. (Өкүм) Туура!.. Адам болдуң!

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Адам болдум!..

Жасоол. (Өкүм) Бар эми, атаңдын артынан!

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Жарайт!

Жасоол. (Өкүм) Билесиңби эмне кылышты?!.

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Билем!

Жасоол. (Өкүм) Жөнө!

(Өспүрүм жөнөп кетти. Жасоол чоорун тартып олтурду. Чоорунан шаңдуу марштын үнү чыгып атты.

Пауза.

Өспүрүм кайра жетип келди).

Жасоол. Эмне болду?

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Атам куран окуп атат!..

Жасоол. (Кыжыры ашып-ташып) Кимге?!.

Өспүрүм. (Чак-чак этип) Кара хандын тушунда кырылгандардын мүрзөсүндө!..

Жасоол. Дагы?!.

Өспүрүм. (Чак-чак этип) Атасынын мүрзөсүнө да куран окуп атат!..

Жасоол. (Кыжыры келип) Эмне?!.

Өспүрүм. (Чак-чак этип) Менин… чоң атамдын мүрзөсүнө!..

Жасоол. (Өкүм) Дагы?!

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Улуу урматтуу ханга нааразымын деп атат.

Жасоол. (Өспүрүмдү далыга таптап) Азамат!.. Бар, дагы!..

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Жарайт!.. (Шарт жөнөп кетти.

Жасоол чоорун тарта баштады эле, чоорунан үрөй учурагандай үн чыга баштады).

 

Жетинчи сахна

Ошол эле ээн талаадагы бейит. Жасоол куран окуп олтурду. Аңгыча бейитке өспүрүмдүн коштоосунда кайкалап басышкан Эркек, Аял жана кишилер кирип келишти.

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Мына, келишти.

Жасоол. (Элге) Бурадарлар, чалкалаганыңарды токтоткула.

(Эл бири-бирин тиктеп таң калып турушту). Мен силерге айтып атам. Угуп атасыңарбы, бурадарлар!.. Чалкалаганыңарды койгула. Мындан ары кишилердей, адамдардай болуп басасыңар, бурадарлар! (Өспүрүмгө) Бошот атаңды! Уулум!

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Жарайт!.. (Шарт-шарт этип барып Кишини таяктан бошотту).

Жасоол. (Аялга) Айым, денеңизди жабыңыз! Башыңызга жоолук салыныңыз!

Аял. (Жасоолду жек көрө карап) Эмнеге?

Жасоол. Аял киши денесин көрсөтүп жүрсө Кудайга жакпаган иш болот.

Аял. (Уккан кулагына ишенбей) Кудай дедиңби?!.

Жасоол. Ооба, айым. Мен сизди Кудайдын алдында күнөөгө батпасын деп айтып жатамын.

Аял. (Таң калганынан оозу ачылып элге кайрылып) Мобу Жасоол соо эмес бүгүн.

Жасоол. Айым, антип Кудай алдында бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөңүз.

Аял. (Ого бетер оозу ачылып) Э, кокуй, мен эмнени угуп турам, ыя?!. Ай, Жасоол, бул айтып аткандарың ойнуңбу же чыныңбы?!.

Жасоол. Чыным, айым, чыным. Биз кудайдын алдында күнөөгө өтө катуу батып кетиптирбиз. Ал күнөөлөрүбүздөн кутулуп, Кудай жолуна түшпөсөк, тиги дүйнөгө барганда катуу сурак берип калабыз.

Аял. (Эмне дээрин билбеп) Кечээ эле Кудайбезер эмес белең, ыя?!. Баарыбызды Кудайбезер кылып атпадың беле, ыя?!. Көз ачып жумганча теңирден тескери тегеренип калыптырсың!.. Сага эмне болду, ыя?!.

Жасоол. Айым, эртеби - кечпи баарыбыз тең Кудай алдында сурак бере турган күн келет.

Аял. (Ого бетер эси ооп) Капыра-ай, ай!.. (Жакасын мыжыга кармап) Ой, тобоо!..

Жасоол. Ошентип тобо келтириңиз, айым. Уктуңузбу менин айтканымды-мындан ары денеңизди көрсөтпөй жүрүңүз. (Койнунан жоолук алып чыгып) Мынабул жоолук менен жаап алыңыз… бетиңизди.

(Аял ишенээр-ишенбесин билбей жоолукту алды да, башына салып, жүзүн жаап алды).

Аял. (Башын чайкап) Түшүнсөм майнеке болоюн!..

Жасоол. (Элге) Бурадарлар!..Мен, силерди таңата биякка чакырганым-бүгүн түнү баарыбызды Кудайбезер кылып бүткөн, чалкалатып атып, чалкабыздан кетире таштаган, элге жек көрүмчү Кызыл жака хан тактан түштү! Оордун Кудайдын сүйгөн пендеси Үсөйүн хан ээледи! Улуу урматтуу ханыбыз Жасоолдук милдетти мага тапшырды.

Аял. (Алаканын шак коюп, өзүнчө) Ой, желмогуз о-ой, желмогуз!..Сен киши эмессиң!..Кубулма Иблиссиң!..

(Пауза).

Жасоол. (Элге) Бурадарлар!.. Мынабул бейитте жаткан бейкүнөө арбактарга арнап куран окуп коёлу.

Аял. (Өзүнчө,жасоолду жек көрө) Ой, ыймансыз,о-ой,ыймансыз!.. Айтып турганын кара,айтып турганын,мынабул башкесердин!..

Жасоол. (Аялга шектүү тигилип койду да,өспүрүмгө) Уулум, сен да куранга жыгыл. Улууну урматтап,кичүүнү ызаттаганга үйрөн!

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Жарайт!..(Элдин катарына чөк түшүп калды).

Жасоол. (Асан чакырып) Алло-о акбар!..

(Эл чөк түшүп куран окуй башташты).

 

Сегизинчи сахна

Хан сарайдын алдынга аянт. Эл койчо ийрилип, үрпөйүп-үрпөйүшүп, кимдир бирөөнү күтүп турушту. Аңгыча алыстан дүкүлдөгөн добулбастын үнү угулуп, аянтка жан-жөкөрлөрү менен алчактай басып,чылгый күрөң кимйимчен хан келип кирди. Эл дымып кулак түрүп туруп калышты.

Күрөң хан. (Айкырып) Эмне дымыйсыңар?!. Эмне башыңарды жерге саласыңар?!. Көтөргүлө башыңарды! Кимден коркуп атасыңар?!. Бүжүрөбөгүлө! Биз бүжүрөй турган эл эмеспиз! Намыс кайда?!. Намыс?!. Биз баатырдын тукумубуз!.. Баатырдын!.. Көтөргүлө башыңарды!..

(Эл башын көтөрүп Күрөң ханды элейе тиктеди).

Мындан ары, биз кандай эл экенибизди бүт дүйнөгө таанытабыз!.. Биз моминтип бүжүрөп, коркуп,бирөөлөргө баш ийип жашай турган эл эмеспиз!.. Керек болсо, башкалар бизге баш ийишсин!.. Башкалар биздин алдыбызда бүжүрөп, коркуп турушсун!.. Биз өзгөчө жаралган элбиз!..

(Эл элейип Күрөң хандын оозун тиктеп турушту).

Үсөйүн ханыңар бийликти өз колу менен мага өткөрүп берди!..

(Айкырып) Жасоол, кайда?!. Жасоол?!.

(Эл ар кайсы тарапты карап Жасоолду издеп атышканда, аны алдына салып айдап алган Жоокер кирип келди).

Жоокер. (Жасоолду алдыны көздөй түртүп) Качып баратыптыр.

Күрөң хан. Качып баратыптыр дейсиңби?

Жоокер. Ооба.

Күрөң хан. (Жасоолго) Эй, шоркелдей, каякка качып баратасың?!. (Ызырынып) Элиңди таштап, жериңди таштап, каякка барган жүрөсүң сен?!. Сенин жаның мобул элдикинен артыкпы, ыя?!.

(Пауза).

Элиңе кызмат кылбайсыңбы?!. Жериңе кызмат кылбайсыңбы, кара башыңды ала качпай!.. Карачы, мобул элди-куруп калыптыр!.. Мөгдөп калыптыр!.. Биздин элдин көрөөр күнү ушу беле, ыя?!. (Жаны күйүп титиреп) Биздин эл ушундай жашоодо жашай тургани элби, ыя?!. Эмне үчүн элди ушул абалга жеткирдиңер, ыя?!. Эй, мен сенден сурап атам?!.

Жасоол. (Калтырап-титиреп) Күнөөм-дү мой-нума алам…

Күрөң хан. (Чаңырып) Калтырап-титирегениңди токтот!.. Сен деген эркексиң!.. Жигитсиң!..

Жасоол. (Калтырап-титирегенин басууга аракеттенип) Токтоттум!.. Токтоттум!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Биз кандай элбиз, ыя?!.

Жасоол. (Буйдалбай) Баатыр элбиз!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Биз кандай элбиз, ыя?!.

Жасоол. (Буйдалбай) Байыркы элбиз!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Биз кандай элбиз, ыя?!.

Жасоол. (Буйдалбай) Акылман элбиз!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Биз кандай элбиз?!.

Жасоол. (Буйдалбай) Өзгөчө элбиз!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Биз кандай элбиз, ыя?!.

Жасоол. Улуу элбиз!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Улуу эл ушинтип жашаш керекпи?!.

Жасоол. (Буйдалбай) Жок!..

(Пауза).

Күрөң хан. (Чаңырып) Биздин наныбызды ким жеп атат?!.

Жасоол. (Буйдалбай) Кошуналар!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Биздин ырыскыбыздан ажыратып аткан ким?!.

Жасоол. (Буйдалбай) Кошуналар!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Биздин суубузду ким ичип атат?!.

Жасоол. (Буйдалбай) Кошуналар!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Биздин байлыгыбыздын үзүрүн ким көрүп атат?!.

Жасоол. (Буйдалбай) Кошуналар!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Биздин жерибизди ким тепсеп атат?!.

Жасоол. (Буйдалбай) Кошуналар!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Биздин жерибизде ким тайраңдап кутуруп атат?!.

Жасоол. (Буйдалбай) Кошуналар!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Бизди ким кодулап атат?!.

Жасоол. (Буйдалбай) Кошуналар!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Элибиздин ушинтип азып-тозуп калганына ким күнөөлүү?!.

Жасоол. (Буйдалбай) Кошуналар!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Душманыбыз ким?!

Жасоол. (Буйдалбай) Кошуналар!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Барбы бизде намыска туулган жигиттер?!.

Жасоол. (Буйдалбай) Бар!..

Күрөң хан. (Чаңырып) Элди коргой турган!.. Жерди коргой турган!..

Жасоол. (Буйдалбай) Бар!..

(Пауза).

Күрөң хан. (Чаңырып) Түшүндүңбү?!.

Жасоол. (Буйдалбай) Түшүндүм!..

Күрөң хан. (Өкүм) Түшүнсөң-ошол!.. Токтоосуз!.. Токтоосуз!.. Токтоосуз аткар!..

Жасоол. (Буйдалбай) Жарайт!..

Күрөң хан. (Элге,туттуга кыйкырып) Биз улуу элбиз!..

(Эл дымып унчуккан жок).

Биз улуу элбиз!..

(Эл дымып унчуккан жок).

Биз улуу элбиз!..

(Эл дымып унчуккан жок.

Ачуусу келген Күрөң хан жан-жөкөрлөрү менен ордону көздөй шарт жөнөп кетти.

Эл эмне болгонун түшүнө албай эңги-деңги болуп турду).

Жасоол. (Айкырып) Эй, “кичинекей ханзада!”

(Лөкүйгөн баякы өспүрүм жетип келди алдына).

Чакыр өзүңдөй  жигиттерди!.. Чакыр кыздарды!.. Чакыр, өзүңдөйлөрдүн баарын!.. Менин алдыма!..

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Жарайт!..

Жасоол. (Айкырып) Тез!.. Тез!..

Өспүрүм. (Шарт-шарт) Жарайт!.. (Шарт чыгып кетти).

Аял. (Үрөйү уча) Кудай сактай көр!..

Киши. (Жүрөгү түшүп) Эми эмне болот?!.

(Пауза).

Аял. (Аргасы түгөнө) Ким токтотот, бул шүмшүктү?!..

Киши. (Аялга суроолу тигилди) Ким?..

(Узак пауза).

(Жасоол койнунан чоорун алып чыгып тарта баштады эле, жүрөктүн үшүн алган добулбастын үнү чыга баштады андан. Эл үрпөйүп,эмне кылаарын билбей турду).

 

Тогузунчу сахна-эпилог оордуна

Хан сарайдын алдындагы аянт. Адамдын үрөйүн учураган добулбастын үнү тынбай угулуп, аянтка чекелерин күрөң чүпүрөк менен таңып алашып,муштумдары таштай түйүлгөн лөкүйгөн өспүрүмдөр каз катар тизилишип, жерди ое-ое басышып, кутурган иттей болуп кирип келатышты. Аларды баштап келаткан Жасоол болчу.

Жасоол. (Тититрей айкырып) Биз кандай элбиз?!

Күрөң жоолукчандар. (Бир ооздон) Биз өзгөчө элбиз!.. Биз өзгөчө элбиз!..  Биз өзгөчө элбиз!..

Жасоол. (Тититрей айкырып) Биз кандай элбиз?!

Күрөң жоолукчандар. (Бир ооздон) Биз улуу элбиз!.. Биз улуу элбиз!.. Биз улуу элбиз!..

Жасоол. (Титирей айкырып) Душманга өлүм!..

Күрөң жоолукчандар. (Бир ооздон) Душманга өлүм!.. Душманга өлүм!.. Душманга өлүм!..

(Добулас дүңгүрөп атты).

 

Бүттү.

 

01.05.2006 – 17.05.2006.

 

PS: “Ты жив, есаул?!.” деген ат менен КМШ мамлекеттеринин мыкты пьесаларынын ичинде 2010-жылы Ереван шаарында басылып чыккан.

 


Количество просмотров: 995