Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Жаныш Кулмамбетов, 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 18 октябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Жаза

(Эшафот)

(Эки бөлүмдүү драма)

Адам өз оюнан кайтып, өз аброюн сатканда, анысы үчүн жазасын алганы жөнүндө уламыш

КАТЫШУУЧУЛАР:
    Адыл мерген. 
    Жезтумшук аял.
    Атай.
    Чолпон.

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Биринчи сахна

Түн. Аска-зоонун арасы. Отту алоолонто жагып коюп, Адыл мерген шишкебек бышырып жеп атты. Аңгыча Адыл мергендин аты кошкуруп-кошкуруп алып, теребелди жаңырта кишенеп ийди. 
Адыл. (Аты тарапка кулак түрө) Ай, Күмүш жал, сага эмне боду, ыя? Бир нерсенин шек-шооратын сезип турасың го ээ, жаныбар? (Мылтыгын колуна алып, эки жагына кунт кое көз чаптырды. Ансайын ат тынбай кошкуруп атты).
Капырай, момунун бир билгени бар…
(Аңгыча көөдөй караңгылыктын ичинен бир караан шак чыга калды. Оттун жарыгында ал караандын аял киши экенин баамдоого болоор эле. Ал эмнегедир бетин жеңи менен калкалап алган).
Аял. Адыл мерген…
Адыл. (Дароо мылтыгын белендеп) Сен кимсиң?
Аял. (Мыскылдай) Жүрөгүң түшүп калдыбы, Адыл мерген? Кел, апаптап коеюн.
Адыл. (Демин бир аз басып) Караңгыда караңсалдай болуп чыга калсаң, адам болгондон кийин сестенет да, коркпосо дагы. Кимсиң, сен?!
Аял. (Мыскылдай күлүп) Тоо-ташты аралап жалгыз жүргөнүңө карабай, коркок белемсиң.
Адыл. (Кыжыры келип) Мени териштиргенди сага ким коюптур! Кимсиң деп атам?!
Аял. (Мыскылдай) Коркок деп койсом коржоңдойсуң да, тим эле.
Адыл. (Мылтыгын бетине кармап) Айт деп атам, ким экениңди!
Аял. (Мыскылдай) Көрбөй турасыңбы, ким экенимди – аялмын.
Адыл. Аял экениңди көрүп атам…
Аял. Көрсөң-ошол. Түшүр мылтыгыңды, короктотпой.
Адыл. Айтпайсыңбы, сен дагы ким экениңди, маалкатпай!
Аял. Эркек да сендей болобу, аялга мылтык кезеп.
Адыл. (Мылтыгын ылдый түшүрдү) Жети түндө биякта эмне кылып жүрөсүң, аял болсоң?
Аял. (Мыскылдай күлүп) Хи-хи-хи!.. Эмчек эмизейин деп келатам, сага.
Адыл. (Жаалы келип) Тамтаңдаба, эй, катын!.. Тамтаңдаба!..
Аял. (Чочумуш этип) Апей!.. Тамашаны да түшүнбөйсүңбү?
Адыл. (Жаалы келген калыбында) Тамашалашаар кишиң менби, ыя?!
Аял. Э, кокуй, ээн тоонун арасында экөөбүздөн башка эч ким жок болсо, сени менен тамашалашпаганда, сен сеңирден ыргыта аткан, мобул өлгөн серке менен тамашалашайынбы? 
Адыл. (Жаалы ого бетер келип) Эй, катын, дөөдүрөбөй, ким экениңди айт! Болбосо…
Аял. Болбосо бооруңду отко кактап жеп коем дечи, серкеникине кошуп?
Адыл. (Жаалы ого бетер келип) Жетишет!.. Жетишет!.. Аял экениңе карабайм!.. Айт, кимсиң?!
Аял. (Үнүн өзгөртүп) Баятан бери тамашалап койсо, тим эле таңыраңдайсың да! Тарт ооздугуңду!
Адыл. (Дароо селейе түштү) Анан, өзүң айтпай атпайсыңбы, ким экениңди.
Аял. (Үнүн өзгөртүп) Эселек кезиңен энең айткан жок беле?
Адыл. (Сестене түштү) Эмнени?!
Аял. Тоо-таштын, кокту-колоттун, агын суунун ээси болоорун?
Адыл. (Ого бетер сестенип) Энем айткан… атам айткан… эл айткан…
Аял. (Үнүн катаал чыгарып) Билет турбайсыңбы, өзүң.
Адыл. (Жүрөксүнгөнү басылбай) Билем… Ким билбесин…
Аял. (Текебер) Билсең, эмне карап турасың?
Адыл. (Чөк түшө калып) Ушул тоонун ээсисиңби?
Аял. (Текебер) Эми жеттиби, алдыкы көңдөй башыңа?!
Адыл. (Жүрөкзада болуп) Жетти, пирим, жетти!..
Аял. (Текебер) Ошентпейсиңби, бая эле, оңураңдабай.
Адыл. (Бүжүрөп) Билбестиктен! Билбестиктен!.. Тааныбасты-сыйлабас деген ушул да. 
Аял. Менин каарыма калсаң — укум-тукумуңа чейин эмне болооруңду билесиңби?
Адыл. (Ого бетер бүжүрөп) Билем-билем!..
Аял. (Текебер) Эмне, менден уруксаатсыз серкени аттың?
Адыл. (Ансайын бүжүрөп) Айып мойнумда!.. Айып мойнумда!.. 
Аял. (Текебер) Төлө, серкени!..
Адыл. (Жанталашып) Иригим бар, короомдо, торпоктой болгон. Ошону берейин, акысына.
Аял. (Текебер) Даакы баскан жаман иригиң ушул серкенин кунуна татыйт деп кайсы атаң айтты, сенин?!
Адыл. (Жанталашып) Анда эки ирик берейин!..
Аял. (Текебер) Эки ирик менен эптеп кутулгуң барбы?
Адыл. (Жанталашып) Үч ирик берейин!..
Аял. (Текебер) Үч ирик эмес жүз ирик берсең да, бул серкенин кунунан кутула албайсың.
Адыл. (Жанталашып) Анда… Короо толгон малымды… бүт берейин!
Аял. (Сынай) Малың көппү?
Адыл. (Жанталашып) Көп… Майда жандыктарымдын туягынын эсебин ала элекмин. Бодо малым..
Аял. (Зекип) Эй, нысапсыз, ошончо малың туруп, Кудай-тааланын кайберенине көз артканың эмнең?
Адыл. (Мукактанып) Мхи… мхи… ата-бабабыз “ашык дөөлөт баш жарбайт” дейт да. Анан…
Аял. (Каардуу) Ата-бабаңды кошо ала чаппа! Сенин өзүңдүн напсиң бузук! Короомдогу бир котур козум өлгүчө өзүм өлөйүн деген, битин сыгып канын жалаган ачкөззүң да. Малыңа тийгенге колуң барбай, кайберенге катылдың да, алкы бузук!
Адыл. (Жанталашып) Экинчи ошентсем!.. Экинчи ошентсем!..
Аял. (Башын чайкап) Тигини… тигини… Эмне, жаның көзүңө көрүнүп атабы? 
Адыл. (Жанталашып) Мындан ары колума курал алсам, оңбоюн!
Аял. (Мыскылдай) Жана эле доңуздай болуп корсулдап аттың эле, эми бир заматта безбелдектей болуп безилдей баштадыңбы, байкуш.
Адыл. (Жанталашып) Экинчи ушуякка бассам, бутум сынсын!
Аял. (Сынай) Бутуң сынса, колуң бар да.
Адыл. (Жанталашып) Анда, колум кошо сынсын!..
Аял. (Мыскылдай) И-и, дагы?..
Адыл. (Түшүнбөй) Эмнени?..
Аял. (Мыскылдай) Каргана түш, мага жагып атат.
Адыл. (Жанталашып) Майнеке… майнеке болоюн, ошентсем!
Аял. (Келекелей) Майнеке эмес, майнекенин таз катыны болосуң!
Адыл. (Жанталашып) Мейли, мейли, ошондой деле болоюн!
Аял. (Келекелей) Ай, анан сен кокус шертиңди бузуп коюп, майнекенин таз катыны болуп калсаң, катын-балаң карабай кетет да?
Адыл. (Жанталашып) Шертимди бузбайм!.. Бузбайм, шертимди!..
Аял. (Келекелей) А кокус, шертиңди бузсаңчы?
Адыл. (Мукактана түштү) Анда… ошо болоюун дебедимби!..
Аял. “Ошоң” эмне?
Адыл. (Мукактана) Ошо… тиги…
Аял. (Келекелей) Майнекенин таз катыны болосуң да, ээ?
Адыл. (Жанталашып) Ооба!..
Аял. Болбойт.
Адыл. (Эмне дээрин билбей) Анда…
Аял. (Күлүп, келекелей) Майнекенин эки жолку таз катыны болосуң!.. Ха-ха-ха!.. ( Ыкшып күлүп ийди. Ошол учурда аялдын жүзү ачыла түшүп, анын жезтумшугу Адылга даана көрүндү. Аял кайра жүзүн жапкыча шашты).
Адыл. (Чочуп) Жезтумшук?!.
Аял. (Алактап) Ким жезтумшук?
Адыл. (Айкырып) Сен!.. Сен, жезтумшук!.. (Мылтыгын дароо бетине кармады) Жеңиңди түшүр, ылдый!.. Түшүр!..
(Аял алактап жеңин ылдый түшүрдү эле, жезтумшугу отко жалт-жулт этип чагылышып атты).
Аял. (Жооткотууга аракеттенип) Мерген… мерген…
Адыл. (Ого бетер айкырып) Мерген дебе!.. Мерген дебе, жезтумшук!.. Баятан бери мени келекелеп, ары калчап, бери калчап… Азыр жайлайм!.. Азыр жайлайм!..
Аял. (Чөгөлөй калды, безилдеп) Жанымды калтыр!.. Калтыр, жанымды!.. Каалаганыңды аткарам!..
Адыл. (Ого бетер жаалы келип) Көрчү!.. Көрчү, айтып турганын, мобул азыткынын!.. Мен сенин бал тилиңе алданбайм!.. Алданбайм!..
Аял. (Безилдеп) Мен сени алдабайм!.. Алдабайм!..
Адыл. (Мылтыгын бетине кармап, машаасын басууга белендеди) Жанталашпа!.. Баары бир жайлайм!.. 
Аял. (Сабыр этип) Мейли!.. Кудай кылса, кубаарыңдын акысы барбы, дейт адамдар. Башка түшкөнү ушул экен. Жайласаң, жайла. Бирок, өлтүрөөрдөн мурда бир өтүнүчүмдү аткар.
Адыл. (Мылтыгын белендеген калыбында) Көрчү, дагы эле алдап кетем деп турганын!
Аял. (Токтоо) Жайла, анда. Эмне карап турасың? 
Адыл. (Тартына түшсө да, сөөмөйүн машааны басууга белендеген калыбында) Болуптур, эсиңде болсун, алдап кетем дечү болсоң!.. Айт.
Аял. (Ыйламсырап) Мен өспүрүм кезимде бир жигитке ашык болгом.
Адыл. (Жаалы кармап) Калп айтпа, желмогуз! Адам менен жезтумшуктун кайнаса каны кошулбайт!..
Аял. (Безилдеп) Чын!.. Ашык болгонум чын!..
Адыл. (Келекелей) “Ошол ашыгым сен болчусуң”, дебейсиңби.
Аял. Жок. Сен эмес. Башка.
Адыл. (Бир чети күлкүсү келип) Эй, келесоо, жезтумшук да адам баласына ашык болчу беле. Калпты ченебей айтпайсыңбы.
Аял. (Безилдеп) Калп эмес!.. Таакыр калп эмес!..
Адыл. “Адамга ашык болгом” десең, мени боору ооруйт деген турасың го, ээ, анда?
Аял. Андай оюм жок.
Адыл. И-и, болуптур, болуптур. Анан?
Аял. Ата-энеме айтпай, жашыруун барып жүрдүм, ошол жигиттин айлына.
Адыл. Канын соргону барып жүргөнсүң да, желмогуз.
Аял. Жок, жок, ашыктыктын айынан. Сары оору болуп, саргарып, ошол тегеректе эле жүрүп калдым.
Адыл. (Келекелей) И-и, анан ал да сени сүйүп калды да, ээ, алдыгы кочкордун мүйүзүндөй болгон мурдуңду?
Аял. (Жаны ачып) Жок, ал мени сүйгөн жок. Ал өзүнө окшогон эле адам баласынын кызына үйлөндү.
Адыл. (Какшыктап) Адамдын кызына үйлөнбөгөндө, анан кебетеси бузук сага үйлөнөт деп жүрдүң беле, көк мээ!
Аял. (Үшкүрүп) Өх!.. Ошол бойдон эч кимди каалаган жокмун.
Адыл. (Келекелеп) Ой, байкуш, ай, тим эле арманың аттын башындай экен да, анда?
Аял, Ооба!.. Туура айтасың. Ошондон бери армандамын. Арылгыс азапка түштүм. 
Адыл. (Келекелей) А мени эмне кыл деген турасың?
Аял. Ал сенин колуңдан келе турган нерсе.
Адыл. (Келекелей) А-а, ошол ашыгыңды алып келейин да, ээ, маңдайыңа? Өлөөрдүн алдында бир көрүп алайын дечи.
Аял. (Башын чайкап) Жок.
Адыл. (Таң кала түштү) Анда эмне?
Аял. Ашыктыктын айынан, ушул кезге чейин эркек аттууну көрө элекмин. Алигиче кызмын.
Адыл. (Күлүп) Койчу, ой, жомогуңду.
Аял. Чын! Эркек эмне экенин билбейм. 
Адыл. (Бүшүркөп) Эркектин жытын искет дегиң бар экен, ээ?
Аял. (Жалооруй) Ооба!
Адыл. (Бүшүркөп) Жыт искеше турган эркегиң менмин го?
Аял. (Жалооруй) Ооба!
Адыл. (Жаалы кайра кармап) Эй, азыткы, амалданба дебедим беле, мен сага! Амалданба дебедим беле!
Аял. (Жанталашып) Кайсы арыма амалданайын! Чымындай жаным колуңда турат ко!
Адыл. (Муюша түштү) Аның чын!
Аял. (Жалынып-жалбарып) Бир ирээт эркектик милдетиңди аткарып кой. Андан кийин эмне кылсаң, өзүң бил. Акка моюн сунууга даярмын!
Адыл. Жок!.. Бал тилге салба!.. Баары бир алдай албайсың!.. (Мылтыгын белендеп) Азыр өлөсүң!
Аял. (Токтоо) Ыктыяр сенде. Бирок, дагы бир нерсеге өкүнүп турамын.
Адыл. Дагы жомогуңду баштаган атасыңбы?
Аял. (Кейиштүү) Сенин малың корооңдо.
Адыл. (Олурайып) Короомдо болсо эмне экен?
Аял. А менин үңкүр толгон алтын-күмүшүм кала берет турбайбы эми, пайда — батасы жок.
Адыл. (Бүшүркөп) Алтын-күмүшүм дейсиңби?
Аял. (Кейиштүү) Ооба.
Адыл. (Жумшара) Көппү?
Аял. (Кейиштүү) Эки үңкүр толо. 
Адыл. (Көздөрү жайнай) Эки үңкүр толобу?!
Аял. (Кош көңүл) Ооба.
Адыл. Эй, түрү суук катын, калп айтып дагы менин алдайын деген жоксуңбу?!
Аял. (Токтоо) Ишенбесең өзүң бил. Эмне карап турасың, анда? Өлтүр.
Адыл. (Мылтыгынын машаасынан сөөмөйүн тартты да, шап дегиче жезтумшуктун олоң чачын колуна орой салды) Көрсөт, каткан кенчиңди!
Аял. Ал менин укум-тукумумдуку.
Адыл. Сенин укум-тукумуңдуку болсо, эми менин укум-тукумумдуку болот! Көрсөт!
Аял. (Көгөрүп) Жок!
Адыл. (Демитип) Көрсөт, деп атам, мен сага!
Аял. Жайлайм деп камынып атпадың беле? Жайлабайсыңбы?
Адыл. (Кекетип) Көрсөтөсүңбү, жокпу?!
Аял. (Көгөрүп) Жок! Жайла, мени!
Адыл. (Жумшара) Өтүнүчүңдү аткарайын. Акысы ушул болсун.
Аял. (Аңкоолонуп) Кайсы өтүнүчүмдү? 
Адыл. (Кызалаңдап) Эмелеки өтүнүчүңдү! Азыркы өтүнүчүңдү!
Аял. (Сынай) Жатасыңбы, мени менен?
Адыл. (Шар) Жатам!
Аял. (Сынай) Менин түрүм суук да?
Адыл. Суук болсо эмне экен, чырайыңды чылап ичмек белем! Жатам!
Аял. (Башын чайкап) Капырай, алтын — күмүштүн күчү ушунчалык экен, ээ?
Адыл. (Шашкалактап) Жүрү!.. Алпар мени!.. 
Аял. Жети түндөбү?
Адыл. Түн болсо эмне экен?
Аял. Караңгыда карайлап кайсы үңкүрдү сүзөйүн. Күн жарыкта көрсөтөм. Андан көрө, азыр убадаңды аткар.
Адыл. (Аргасыздан) Болуптур. Анан, койнумда жатып колкомду жулуп алып жүрбө, жез тырмактарың менен?
Аял. Колу-бутумду мобул кыл арканың менен керип туруп, таңып койбой жаның жокпу. Ошого да акылың жетпейби?
Адыл. Ырас эле… (Жезтумшукту оттун жанында жаткан кыл аркан менен шапа-шупа чырмап ийди да, күйүп аткан оттон төрт көсөөнү ала коюп, төрт жерге казык кага салды. Андан соң жезтумшукту чырмаган кыл арканын кайра чечип, аялдын колу-бутун керип туруп, казыкка байлап таштады да, чечинтип жиберип, сугу түшө карап калды) Мүчө – боюң аялдыкындай эле турбайбы. 
Аял. Аялдыкындай болбогондо, эркектикиндей дедиң беле?
Адыл. (Күлүп) Ким билет. Жезтумшук десе эле башкача болот деп ойлоп жүрүптүрмүн да.
Аял. Эмне, сүйүп турасыңбы?
Адыл. Тумшугуң эле болбосо, жапжакшынакай эле экенсиң.
Аял. (Какшыктап) Ашык болуп калып, айлаң кетип жүрбөсүн, бөөдө өлтүрүп алып?
Адыл. Бал тилге салып турганын карачы, мобул мастандын. Антип үмүттөнбөй эле кой. (Өзүнчө борсулдап күлүп) Капырай, эми ушул жезтумшукту дат ушинткен атам, ээ? (Жаргак шымынын белбоосун чечип, жезтумшук аялды басып жыгылды).
Аял. (Чаңырып ийди) А – а – а!.. 
(Пауза).
Адыл. (Кыйладан кийин жаргак шымын энтиге шымданып) Кызмын деп айтып койбойт белең, дароо эле. 
Аял. Эркек көрө элекмин десем келекелебедиңби, мени. Ишенбей.
Адыл. (Эстеди, энтиге) И – и, и – и, айткансың, ошентип.
Аял. Аялдай эле бекемин?
Адыл. (Күлүп, энтиге) Кыздай экенсиң.
Аял. Кандыбы, анда кумарың?
Адыл. (Демин баса албай) Жок. Демимди бир аз басып алып, анан кайра… Таң аткыча көп бар. Ээн тоонун арасында экөөбүздөн башка эч ким жок. Эрмектей берем да, каалашымча. Өлөөр алдыңда сенин да сообуңа бир калайын, эркектен көзүң каткан байкуш экенсиң.

Экинчи сахна

Эртеси. Тоонун ичи. Адыл мерген кыл арканга чырмалган жезтумшукту жетелеп келатты.
Адыл. Кана, экинчи үңкүр?
Аял. (Ээк менен өкчөп) Турбайбы, маңдайыңда.
(Адыл жанталаша жезтумшук көрсөткөн жакка чуркап кетип, бир аздан кийин чечекейи чеч боло кубанып жетип келди).
Адыл. (Чечекейи чеч болуп) Укмуш!.. Укмуш!..
Аял. Ишендиңби, эми?
Адыл. (Ансайын чечкейи чеч боло) Ишендим!.. Үңкүр толо кенч экен!.. 
Аял. Эми өлтүрөсүңбү, мени?
Адыл. (Сынай) Чыныңды айтчы.
Аял. Эмнени?
Адыл. Дагы канча үңкүрүң бар, кенч катылган?
Аял. Ушул эки үңкүр алтын-күмүш азбы, сага?
Адыл. Аз! Дагы эки үңкүр болсо!.. Сенде бар!
Аял. Бар. Экөө эмес, дагы үчөө бар.
Адыл. (Көздөрү жайнап) Үчөөбү?!.
Аял. Ооба.
Адыл. Дагы жокпу?
Аял. (Башын чайкап) Болгону ушул.
Адыл. Көрсөт анда! 
Аял. (Сынай) Көрсөтөйүнбү?
Адыл. (Үзүлүп түшүп) Көрсөт!.. Үчөөн тең көрсөт!..
Аял. Шарт коем – ошону аткарсаң-көрсөтөм.
Адыл. Эмне шарт?
Аял. Жанымды соогатка бер.
Адыл. (Ойлоно түштү) Эй, мээси бөксө, катын, ата-бабам “жезтумшук көрсөң-тирүү кетирбе, болбосо түбүңө жетет” деп канкакшап керез калтырып кетсе, анан мен сенин жаныңды калтыра аламбы? 
Аял. Анда-өлтүр.
Адыл. (Бир аздан кийин) Жезтумшуктун жашаганына канча болду?
Аял. Жер каймакттагандан бери.
Адыл. А адамчы?
Аял. Адам дагы.
Адыл. Ошондон бери адам тукуму курут болбой эле жашап келатат да, ээ, чынбы?
Аял. Тукум курут болуп кетсе, сен ушинтип менин алтын-күмүшүмө көз артып, ушул жерде турат белең?
Адыл. И-и, мен да ошону айтып атпайымбы. Анан адам менен жезтумшук эзелтен бери ушинтип жанаша жашап келатса, сен сыяктуу бир жезтырмакты тирүү калтырып койсом — эмне болмок эле?
Аял. (Кубаттап) Туура.
Адыл. Болуптур, анда. Чымын жаныңды калтырам. Бирок, алдаба! Алдасаң — ажалың менден!
Аял. Билем. Эми, ант бер.
Адыл. Эмне ант?
Аял. Үңкүрлөрүмдү көрүп алып, өзүмдү атып таштасаңчы?
Адыл. Эркектин сөзү бир болот.
Аял. Ишенбейм. Ант бер.
Адыл. Эмне деп берейин?
Аял. “Шертимден тайсам — өз баламдын боорун өзүм жеп калайын!” де.
Адыл. Шертимден тайсам — өз баламдын боорун өзүм жеп калайын! Болдубу?
Аял. Болду?
Адыл. (Шаштырып) Кана, калган үч үңкүр?
Аял. Жол басабыз. Бул жерде эмес.
Адыл. (Шаштырып) Жүрү!.. Тез!... (Жезтумшукту алдына салып алып айдап жөнөдү).

Үчүнчү сахна

Бир жылдан кийин. Тоонун арасы. Алыстан аттын дүбүртү, Адылдын кыйкырыгы угулду.
Адыл. (Айкырып) Тай-бас!.. Тай-бас!.. Чурка-а!.. Чурка-а!.. Жет!.. Жет!.. (Антаңдап чуркап келип, мылтыгын бетине кармап аңдып калды.
Капысынан Адыл мергендин жанында жезтумшук аял пайда болду).
Аял. И-и, Адыл… мерген…
Адыл. (Чочуп кетип, оордунан ыргып турду) Сен эмне кылып жүрөсүң, бул жерде, каскактай болуп?!.
Аял. Сени издеп келатам.
Адыл. (Сурданып) Эмнеге издеп келатасың?
Аял. (Какшыктап) Сагынып кеттим, сени.
Адыл. (Жаалы келип) Жөн сүйлө!.. Жөн сүйлө, азыткы!..
Аял. Капырай, сагынганымды айтасам да, жаманбы, сага?
Адыл. (Жаалы келген калыбында) Бөөдө өлүм болуп каласың, азыр!.. 
Аял. (Чочумуш этип) Койдум, койдум…
Адыл. (Корс) Маземди албай кетип кал. Убактым жок, сени менен акыйнек айтышып олтургудай.
Аял. И-и, көрдүм “убактың жок” экенин. Дагы эле Кудай-тааланын кайберенине сугуң түшүп, жүргөн турбайсыңбы, тоо-ташты аралап.
Адыл. (Жаалы келип) Жап, ушунчаңда, алдыгы чириген оозуңду! Көзүмө көрүнбөй жогол!
Аял. (Чочумуш этип) Сабыр кыл… мерген. Азыр жоголом, куубасаң да. Сага айтып коеюн деген, бир тырнактай болгон жаңылыгым бар.
Адыл. Айт!..
Аял. Уулду болупсуң.
Адыл. (Корс) Болдум, болсо эмне экен?!
Аял. Мен да ошону айтып атам.
Адыл. (Тиштенип) Тез айт, чаргытпай!
Аял. Кыздуу болдуң!
Адыл. (Ызырынып) Келекелебе, эй, азыткы!..
Аял. Келекелеген жокмун. Чын айтам.
Адыл. (Жаалы келип, чачтан алды) Уулумду кызга теңеп, шылдыңдагың келип атабы, ыя?!
Аял. Эми Кудай урбадыбы… Мен сага кыздуу болгонуңду айтып атам. 
Адыл. (Бүшүркөй түштү) Эмне кыз?
Аял. Кыздай эле кыз. Татынакай. Сага куюп койгондой окшош. 
Адыл. (Жаны чыгып) Эй, азыткы!.. Эмне деп тамтаңдап атасың, ыя?!. Эмне деп тамтаңдап атасың?!..
Аял. Мерген, мени менен түнөгөнүң эсиңден чыгып кеттиби?
Адыл. (Үрөйү уча айкырып) Сен туу-дуң-бу?!. Сен-би?!.
Аял. Мен туудум!.. Же мени куу шыйрак дедиң беле?
Адыл. (Аргасы кете айкырып) Ишенбейм!.. Ишенбейм!.. 
Аял. Ишенбеске айлаң жок.
Адыл. (Жанталашып) Эми жайлайм!.. Эми жайлайм!..
Аял. Жайла!.. Мени жайлап коюп, кызыңды кантип багаар экенсиң…
Адыл. (Жаалы ого бетер келип) Антип айтпа!.. Антип айтпа!.. Азыткы!..
Аял. Ишенбесең, тигине кызың, тээтиги таштын түбүндө жатат, оролуп-чулганып. Өзүң барып көрүп кел.
(Адыл ишенээр – ишенбесин билбей эки анжы болуп туруп калды да, анан жезтумшук көрсөткөн жакка үрөйү уча кадам шилтеди.)
Адыл. (Аялга) Оордуңдан былк этпе!.. Мен көзгө атаар мергенмин!..
Аял. (Мыйгынан күлүп) Билем.
(Адыл жезтумшук аял көрсөткөн жакка кетти да, бир аздан соң оролгон ымыркайды көтөрүп кайра келди).
Адыл. (Жаны чыгып) Ушуну айтып атасыңбы?!. Ушунубу?!.
Аял. Бул сенин кызың.
Адыл. (Үрөйү уча айкырып) Жаныңды жебе!.. Менин кызым эмес!.. Менин кызым эмес!.. Менин кызым эмес!.. Бул деген азыткы, сендей болгон!.. 
Аял. Бетин карачы.
Адыл. (Тиштенип) Карадым!..
Аял. Мурду кандай экен?
Адыл. (Аргасы кетип) Адамдыкындай!..
Аял. И-и, көрдүңбү?..
Адыл. (Аргасы куруп) Баары бир бул менин кызым эмес!.. Менин кызым эмес!..
Аял. Оң мүрүсүн кара.
Адыл. (Жанталашып ороону ачып, карап ийди) Кал?!. Бул эмне кал?!.
Аял. Өзүңдүн оң мүрүңдө эмнең бар?
Адыл. (Айласы биротоло түгөнүп) Оңбогур!.. Оңбогу-у-ур!.. Ушул үчүн жаткан экенсиң да мени менен?!. Азыткы-ы!.. (Жанталашып ымыркайдын ороосун ачып ийди) Мына-а!.. Мына-а!.. Колунун тырмактары жез экен!..
Аял. Ал – менден.
Адыл. (Калтырап-титиреп) Бул жезтумшук!.. Бул менин кызым эмес!.. (Баланы жерге жаткыра салды).
Аял. (Мыйгынан) Калп жубатпа, өзүңдү, Адыл мерген…
Адыл. (Жаалы келип) Мен азыр, экөөңдү тең өлтүрүп тынам!.. Өлтүрүп тынам!..
Аял. (Баланы колуна алды) Мына, өлтүр!.. Эмне карап турасың? Көрөйүн, балаңды кантип өлтүрөөр экенсиң?!.
Адыл. (Жаалы келип) “Балаң” дебе!.. “Балаң” дебе, азыткы!.. 
Аял. Балаң!.. Сенин балаң!.. 
Адыл. (Жанталашып мылтыгын колуна алды) Азыр!.. Азыр!.. Азыр сени!.. Азыр экөөңдү!..
Аял. (Көкүрөгүн тосуп) Ат!.. Экөөбүздү бир ок менен жайла!.. 
Адыл. (Мылтыгын бетине кармап) Мына, атса!.. (Мээлеп калды.
Тыным).
Аял. Бас машааңды!.. Бас!..
Адыл. (Калтырап-титиреп) Басам!.. Азыр басам!.. 
(Тыным).
Аял. Эмне турасың?!. Ат!.. Ат!..
Адыл. (Айкырып) Азыткы-ы-ы!.. (Мылтыгын жерге бир чапты да, калтырап — титиреп көзүнөн жаш кетти).
Аял. (Мыскылдай) И-и, “баатыр…”
Адыл. (Жанын коерге жер таппай) Күйгүзбө!.. Күйгүзбө, жанымды!..
Аял. (Мыскылдай) Байкуш… Алыңды, билсеңчи, алыңды!..
Адыл. (Аргасы түгөнө айкырып) Жогол!.. Жогол, азыткы!.. Көзүмө көрүнбөй!.. Ушунчаңда, жогол!.. 
Аял. Мына, жоголобуз!.. (Баланы көтөрүп басып жөнөдү).
Адыл. (Тиштенип) Токто, азыткы!..
Аял. (Коркуп кетти) Эмне болду?!.
Адыл. (Тиштенип) Токто деп атам!..
Аял. (Үрөйү ого бетер учуп) Жогол көзүмө көрүнбөй дебедиңби?!.
Адыл. (Тиштенип) Дедим!.. А азыр, токто!.. Келе баланы!..
Аял. (Жүрөгү түшүп) Эмне кыласың?!.
Адыл. (Жаалы келип) Келе деп атам!..
Аял. (Үрөйү ансайын учуп) Эмне кыласың?!,
Адыл. (Жаалы ого бетер келип) Келе!.. Келе!..
Аял. (Үрөйү ого бетер учуп) Бербейм!.. Бербейм!.. 
Адыл. (Мылтыкты бетине кармады) Келе!..
Аял. (Үрөйү аябай учуп) Өлтүрөсүңбү?!. Өлтүргөн атасыңбы, баланы?!.
Адыл. (Мылтыгын бетине кармап) Келе!.. 
Аял. (Безилдеп) Мына!.. Мына!.. Өлтүрбө!.. Өлтүрбө!..
(Адыл баланы колуна алып, ороосун ачып, биртопко чейин жүзүнө тигилди. Андан соң шарт эттире кестигин кынынан сууруп алды).
Аял. (Чый-пыйы чыгып) Эмне кылган атасың?!. Эмне кылган атасың?!.
Адыл. (Баланын башын ачты да, кестигин белендеп, ымыркайдын чачынан кармады) Жармашпа!.. Жармашпа, деп атам!.. 
Аял. (Чыркырап ортого түшө калды) Өлтүр-бө!.. Өлтүр-бө!.. Бул сенин балаң!.. Бул сенин балаң!..
Адыл. (Кестиги менен баланын бир тал чачын шарт кесип алды да, жанкисесине салып койду. Кабагын түйө) Эстелик болсун!..
Аял. (Нес боло түштү да, ыйлап ийди) Баламды!.. Баламды!..
Адыл. (Капысынан баланы сыга кучактап, бетин бетине тийгизди да, башын терс буруп аялга сунду) Ме!.. Ме, эми!.. 
Аял. (Баланы шашып-бушуп ала койду) Балам!.. Балам!..
Адыл. (Тамагы буулуп) Бар!.. Баргыла!.. 
(Аял баланы көтөрүп узап кетти. Адыл тигилерди узата караган боюнча нес болуп кала берди).

Төртүнчү сахна

Ай талаа. Адыл мылтыгын тазалап олтурду. Аңгыча аты кошкуруп ийди. 
Адыл. (Кабагы бүркөлүп) Дагы баягы азыткы келатабы?
(Ошол учурда Адылдын жанында көз ачып-жумгуча жезтумшук аял пайда боло калды).
Аял. Эмне олтурасың, ай-талаада жалгыз, соксоюп?
Адыл. (Итиркейи келип) Сенсиңби?
Аял. (Текебер) Менмин. Мен болсом эмне экен?
Адыл. (Итиркейи ого бетер келип) Эмне кылып жүрөсүң, биякта?
Аял. Кызым кандай, чоңойдубу деп сурабайсыңбы, адегенде, адыраңдап мурдуң менен бир тийбей.
Адыл. (Сөз таба албай кайсалактай түштү) Эмне… эмне… эмне догурунасың, ыя?
Аял. (Мыскылдай) Оозуңа башка сөз кирбей, кайсалактап калдыңбы, чындыкты айтып койсом?
Адыл. (Кыжыры келип) Жап жаагыңды, жезтумшук!.. 
Аял. Жайлабайсыңбы, эмне карап турасың?
Адыл. (Кыжырлуу) Жайлайм!.. Дагы бирдеме деп эле көр!..
Аял. (Текебер) Жүрөгүм түшүп калды…
Адыл. (Жаалы келип) Эй-й, жезтумшук!.. 
Аял. (Текебер) Айкырба, аюудай болуп, элдин жүрөгүн кошо түшүрөсүң.
Адыл. (Күйбөгөн жери күл болуп) Азыр сени!.. Азыр, сениби, сени!..
Аял. (Текебер) Дагы баштадыңбы, баягыңды?
Адыл. (Жаалы келип) Аман – сооңдо кетип кал, деп атам, мен сага!..
Аял. Одураңдаба!.. Куубасаң да, кетем.
Адыл. Кет, кет, кет!..
Аял. Белек алып келсе..
Адыл. (Бир аз сабыр этип) Эмне белек?
Аял. Белектей эле, белек. 
Адыл. (Куйкасы курушуп) Бултактатпай дароо айтпайсыңбы анан, белек алып келдим деп!..
Аял. Ооз ачырбай кууп атпайсыңбы, өзүң, келе элек жатса.
Адыл. Көп сүйлөбөй көрсөтчү, белегиңди.
Аял. (Башын чайкап) Кулагыңа майдай жага түштүбү, тим эле, белек десем?
Адыл. (Кыжырлуу) Эй, азыткы!.. Тилиңди чойбой, көрсөтчүңдү көрсөт!.. Болбосо…
Аял. (Куржунунан өпкө кап алып чыкты) Мына…
Адыл. (Нааразы болуп) Белегиң ушубу?
Аял. Эмне, алымсынбай турасыңбы? Бул менин белегим эмес, кызыңдын белеги.
Адыл. “Кызыңдын” дейсиңби?
Аял. Ооба. “Атам тоо-ташта көп жүрөт экен, өпкөсүнө суук өтүп кетпесин” деп жасады, муну.
Адыл. (Жибий түштү) Чын эле ошенттиби?
Аял. Калп айтып, башыма эмне күч келиптир, менин.
Адыл. Келе, белекти.
(Жезтумшук аял бере салды, Адыл кийип көрдү).
Аял. Сага чапчак экен.
Адыл. Кызымдын колунан чыкканы, чынбы?
Аял. Ишенбесең — келе кайра, өзүмө. Алып кетем.
Адыл. Болду, болду… Кантээр экен деп койсо, талашасың да колуман. Жылуу экен, аябай. Жыргап калбадымбы. Кызымды уз кылып үйрөтүп аткансың го, сен?
Аял. Эй, мерген, кызың – адам баласы! Сенин тукумуң!
Адыл. (Селейе түштү) Туура… туура… Менин тукумум… менин тукумум… Накта өзүмдүн кызым экен. Эми анык көзүм жетти. Биздин тукум ушундай – колунан көөрү төгүлөт. 
Аял. Билбепмин.
Адыл. Сен али көп нерсени билбейсиң, мастан. Дагы эмне кылып атат, кызым?
Аял. Эмне кылсын, “атам жалгыз көп жүрөт экен, уу уулап, ошондо карактайм деген ниети бузук бирөөлөр кокусунан ок чыгарса, өтпөй турган болсун” деп, сага арнап ок өтпөс тон тигип атат.
Адыл. (Чечекейи чеч болуп) Ок өтпөс тонбу?!.
Аял. Ооба.
Адыл. Ок өтпөс тон мага аябай керек да! Досумдан душманым көп. Акылдуу экен кызым! Качан бүтөт, тонду?
Аял. Аз калды.
Адыл. Бүтөөрү менен кызымдын өзүнө көтөртүп туруп, алып келе кал!
Аял. Кызың келбейт.
Адыл. Эмнеге?
Аял. “Атамдан уялам” дейт.
Адыл. Эмнеге уялат экен? Же сеникиндей жезтумшук чыга баштадыбы, ага дагы?
Аял. Жок. Кызың ченде жок сулуу.
Адыл. Анда эмнеден уялат?
Аял. Тырмагы жез болсо – ошондон корунат да, атам кокусунан көрүп калса, ирээнжибесин деп.
Адыл. (Муюшуп) Анысы бар. Анан тонду ким алып келет, сенби?
Аял. (Тырчыгандай түр менен) Мен сенин жумшап алган малайың, бекемин?
Адыл. (Кырсыя түштү) Анан ким алып келет?
Аял. Жибер, жанагы көчүгүн кучактап үйдө бекер олтурган катыныңды.
Адыл. (Корс) Эй, көңдөй баш, аялым ошоякка бармак беле?! Жезтырмак мага тон бергенин билчү болсо, элдин баарына жайбайбы.
Аял. Келесоо болуптурбу, жайып?
Адыл. Аял деген оозу бош, аял деген ушакчы болот.
Аял. Капырай, өзүңдүн койнуңда жаткан аялың жөнүндө ушинтип жаман ойлойсуңбу?
Адыл. “Койнуңда жатып кас болот – аялдан өткөн душман жок” деген, ата-бабам.
Аял. (Сынай) Анда, карачечекей бирөө барбы, тонуңду аман-эсен сага жеткире турган, оозунан лам сөз чыкпас?
Адыл. (Нааразы боло) Кана, ошондой бирөө болсо?
Аял. А, уулуңчу?
Адыл. (Кубанып кетти) Туура!.. Ошол жарайт!.. (Кичине тынымдан соң) Бирок, сен, экөөнүн ага-карындаш экенин айтпагының!
Аял. (Сынай) Айтсам эмне экен?
Адыл. (Ачуусу келип) Эй, кем акыл катын, кокус экөө туугандашып кетип, кийин жезтумшуктан туулган кызым бар экенин эл билчү болсо, эмне болоорун билесиңби?!. Эл-журтка жек көрүмчү болуп, баарынан чыгып, ай-талаада тентип калабыз!
Аял. Түшүдүм, түшүндүм.
Адыл. Түшүгөнүң жакшы. Тилиңди тишиңе каткын! Качан жиберейин, уулумду?
Аял. Тон бүткөндө, өзүм кабар берип коем (кетмекчи болду).
Адыл. Шаштыргын, тез бүткөрсүн.
Аял. (Сырдуу) Шаштырам, шаштырам… (Кетти.
Адыл мылтыгына таянып, чечкейи чеч болуп, узата карап турду).

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

Бешинчи сахна

Ажайып кооз кереметтүү жайлоону аралап кеткен жалгыз аяк жол. Күн чайыттай ачык. Адылдын уулу Атай кыңылдап ырдап жол жүрүп келатты. Аңгыча аялдын үнү чыкты, чакырган.
Аялдын үнү. Эй, бала!..
(Атай селт этип чочуп кетти да, токтой калды. Үн чыккан жакты карады. Жашынган жеринен аял чыга калды, бир колу менен бетин жаап, бир колуна түйүнчөк көтөрүп).
Атай. (Илбериңки) Саламатсызбы, эжеке.
Аял. (Сынай) Саламатчылык, саламатчылык… Атайсыңбы, Адыл мергендин уулу?
Атай. (Таң калып) И – и, ооба…
Аял. (Суктана тиктеди) Келишкен жигит болгон турбайсыңбы.
(Атай уялып кетти).
Тонго келатасыңбы?
Атай. (Таң калып) Ооба. 
Аял. Азыр берем, тонду. 
Атай. (Таң калып) Сиз бересизби?
Аял. Эмне болду? Ага эмне анчалык таң калып атасың?
Атай. (Мукактана) Жок… таң калган деле жокмун. Атам айтты эле “кыз баланын колунан аласың” деп.
Аял. (Күлкү аралаш) Мен эмне… кызга окшобой турамбы?
Атай. (Сүрдөп) Сиз… аялсыз да.
Аял. (Күлүп) Кыз болгонго жарабайымбы, мен?
Атай. (Мукактана) Сизби?..
Аял. (Күлүп) А – а, атаңдын көзүнө кыз көрүнөт экемин да, ээ?
Атай. (Ийинин куушуруп) Билбейм…
Аял. (Күлүп) “Кыз бала” деп айткан деп айтып атпайсыңбы.
Атай. (Уялыңкы) Биякта башка кыз бала жокпу?
Аял. Жок. Жападан жалгыз “кыз бала” менмин.
Атай. (Уялыңкы) Кыз бала деген…
Аял. (Күлүп) Туура, “”кыз бала” деген мындай, кымча бел, өзү жаш болот да, ээ?
Атай. (Уялып) И – и…
Аял. (Күлүп) Атаң кызык ко, жок дегенде “кыз — аял” дебейби. Анан ушул килейген эле аялды “кыз бала” деп тергебей, Туурабы?
Атай. (Уялып) Туура…
Аял. (Күлүп) Атаң кыз менен аялдын айырмасын билбей калган го. Алжый элекпи?
Атай. (Уялып) Жок…
Аял. (Күлүп) Анда “Бирөөнүн аялы, бирөөнө кыз көрүнөт” болуп атса керек, атаңа.
Атай. (Уялып) Билбейм…
Аял. Сени катуу уялтып койдум окшойт, ээ? Тонуңду берейин анда, жебирей бербей. Мына, алагой. (Түйүнчөктү берди). Сөзгө бексиңби?
Атай. (Тонду алып, дагы эле уялыңкы) Ооба.
Аял. Жигит деген сөзгө, убадага бек болот.
Атай. (Уялыңкы) Билем.
Аял. Билсең… Тон алып баратканыңды, менден алганыңды, мага жолукканыңды эч бир жан билбесин.
Атай. Атам да ошентип айткан.
Аял. Көрдүңбү, атаң да айтыптыр.
Атай. Кете берсем болобу?
Аял. Болот, барагой.
Атай. Жакшы калыңыз.
Аял. Жакшы бар.
(Атай узап кетти).
Чолпон!.. Чолпон!..
(Ары жактан келишкен сулуу кыз чыга келди).
Чолпон. Эмне дейсиз, энеке?
Аял. Тээтиги кетип бараткан жигитти көрдүңбү?
Чолпон. (Карап) Көрдүм.
Аял. Көрсөң, кыска жол менен жете барып, алдынан тосо чык.
Чолпон. (Түшүнбөй) Эмнеге?
Аял. Таанышасың. Көптөн бери сага айтайын деп жүргөм. Азыр убагы келди. Бойго жеттиң кызым. Күйөөгө тийишиң керек.
Чолпон. (Таарыныч кылып) Менден кутула тажап атасызбы?
Аял. Анан эмне, дүйнөдөн так өтмөк белең? Мен сага жамандык каалап аткан жокмун, балам.
Чолпон. (Мойноп) Таанышсам эле – тие каламбы, күйөөгө?
Аял. Сендей сулуу кызга сугу түшпөй турган кандай жигит бар экен.
Чолпон. Ал мага жакпасачы?
Аял. Жагат. Келишкен сулуу, илбериңки, тарбиялуу жигит экен.
Чолпон. Аны сиз каяктан билесиз?
Аял. Мен билбеген эмне бар, кызым? Айтып коеюн, ата – энеңди сураса “жетиммин” де. Мен тууралуу айтпа.
Чолпон. (Түшүнбөй) Эмнеге?
Аял. Менин ким экенимди билесиңби?
Чолпон. А менчи?
Аял. А сенин атаң – адам. Кокус, менин ким экенимди билсе, адамдар сени жанына жакын жолотпой коет.
Чолпон. Билем. Ушуну дайыма эле кайра – кайра айта бересиз.
Аял. Айтам. Жазып – тайып оозуңдан чыгып кетпесин деп атам да.
Чолпон. Атамды качан көрөм?
Аял. (Ачуусу келе түштү) Азыр көргүң келип атабы, атаңды?!
(Кичине тынымдан кийин) Дайыма ушинтип сурайсың. Убакыт тар экенин билип туруп да сурап атасың.
Чолпон. (Көзү жашылдана түштү) Атамды көргүм келип атса эмне кылайын…
Аял. (Кайпактап) Каяктан билейин, бир жолу жоолукккан жолоочунун кайда экенин?
Чолпон. (Ишеңкиребей) Кантип эле билбей калдыңыз? Сиз “баарын билчү” элеңиз ко? 
Аял. Мен сага какшап эле айтып жүрбөйүмбү: “Мен уктап калганда, түн жамынып качып кетиптир” деп. Корксо керек, менден.
Чолпон. Уккам ал… жомогуңузду. Дайыма эле угуп келатам, угуп келатам, эс тарткандан бери. 
Аял. (Жактырбай) Уксаң – ошол… (Шаштырып) Бар эми, тигинин артынан, кетип калат.
Чолпон. (Кыйылып) Мындан башка жигит жокпу?
Аял. Ушул аңгыраган ээн тоого күнүгө күргүштөгөн жигит келип атабы, ыя? Бар. Балким, не бар, не жок адамдарга аралашып кетсең… көптүн ичинен атаңды таап калгың бардыр.
Чолпон. (Кубанып кетти) Чын элеби? 
Аял. Чын. Бар, эми…
Чолпон. Анда, кеттим. (Кетүүгө умтулду).
Аял. Токто.
Чолпон. Эмне болду?
Аял. Тырмагыңды ала сал да, кутуга салып кой. Анан, чурка.
Чолпон. Маакул. (Чуркап чыгып кетти).
Аял. (Кекээрлеп) Менин да кезегим келип калды, Адыл мерген! (Кызынын артынан чыгып кетти).

Алтынчы сахна

Ошол эле жайлоону аралап кеткен жолдун башка жагы. Атай кыңылдап ырдап кетип баратты, түйүнчөктү көтөрүп. Аңгыча алдынан Чолпон чыга калды. Экөө тиктешип туруп калышты, далайга. Бири – бирин дароо жактырышты. Бирок, эч кимиси озунуп сөз айта албай турду.
Чолпон. (Наздуу күлүп) Ушинтип эле жалдырап тура берелиби?
Атай. (Чочуп кетти) Ой… Саламатсыңбы!.. Чоң кыз.
Чолпон. (Наздана туурап) Ой, саламатчылык!.. Чоң жигит.
(Экөө тең каткырып күлүп калышты).
Атай. Бул жерде эмне кылып жүрөсүң?
Чолпон. (Наздуу) И – и… карагат терип жүрөм.
Атай. Жалгызбы?
Чолпон. (Наздуу) Ооба, жалгыз.
Атай. Коркпойсуңбу?
Чолпон. (Наздуу) Карышкыр жемек беле.
Атай. Сендей сулуу, бойго жеткен кыздын ээн жерде жалгыз жүргөнү кантип болсун.
Чолпон. (Наздуу) Тамаша, жалгыз эмесмин.
Атай. (Шаабайы сууй түштү) Бирөө барбы, жаныңда?
Чолпон. И – и, бар…
Атай. (Эки жагын карап) Кана?
Чолпон. (Наздуу) Мына, жанымда турбайбы (күлүп ийди).
Атай. (Кошо күлүп) Жакшы тамашалайт экенсиң. Чыныңды айтчы, эми, бул жерде жалгыз эмне жүрөсүң?
Чолпон. “Карагат терип жүрөм” дебедимби.
Атай. (Бүшүркөп) Кое тур, кое тур… жанагы аялдын кызы болуп жүрбө, сен?
Чолпон. Кайсы аялдын?
Атай. Сага жолугаардан бир аз мурда эле, жол жүрүп келатып, бир аялды көргөм, ушул жолдун көкүрөгүнөн.
Чолпон. Жолугуп, сүйлөштүң беле?
Атай. (Чочуп кетти) Жок!.. Жол жүрүп баратып учураттым деп атпайымбы. Ал аялды билбейм дагы, тааныбайм дагы.
Чолпон. Мен да билбей атам, кайсы аялды айтып атканыңды.
Атай. (Чолпонду таң кала карады) Өңүң аябай жылуу учурап турат, мага. Мен сени дайыма көрүп жүргөндөй болуп атам…
Чолпон. (Наздуу) Түшүңө кирип жүргөм го, анда.
Атай. (Олуттуу) Жок, андай эмес. Кайсы айылда жашайсың?
Чолпон. (Мукактана түштү) Мен… ата – энем жок… жетим кызмын.
Атай. (Аяп) Жетимсиңби?
Чолпон. (Уялып) Ооба.
Атай. (Аяп) Уялба. Анын эмнесине уяласың. Жетимдик да уят болчу беле. Ата – энеңе эмне болду эле?
Чолпон. (Уялып) Билбейм…
Атай. (Боору ачып) Тирүү барбы, алар?
Чолпон. Анысын да билбейм. Мени чийдин түбүнө таштап кетишкен окшойт.
Атай. (Ого бетер боору ачып) Баштарына катуу иш түшкөн, же сени жеришкен…
Чолпон. (Шашкалактап) Жок, жеришкен эмес…
Атай. (Таң калып) Аны сен каяктан билесиң?
Чолпон. (Мукактана) Билем… Өзүм эле ошентип ойлой берем, дайыма.
Атай. Баккан ата – энең барбы?
Чолпон. (Уялып) Бир жалгыз бой эне багып чоңойткон, мени.
Атай. (Боору ооруп) Тирүүбү, ал?
Чолпон. (Дагы эле уялып) Ооба… (Чочуп кетти) Жок!..
Атай. (Таң калып) Сөзүңө түшүнбөй атам.
Чолпон. (Уяла) Ал тирүү эле, бирок… жакында эле ага – туугандары көчүрүп кетишкен, карып калды деп.
Атай. (Аяп) Сени таштап кетиштиби?
Чолпон. Жок, мен өзүм калып калдым.
Атай. Эмне үчүн?
Чолпон. Атама жолугуп калчудай боло берем, ушул тегеректен. Ата – энеме дегеним…
Атай. (Аяп) Айлыңар кайсы?
Чолпон. Айылда жашабаган, жалгыз үйлүү эне болчу.
Атай. Азыр сен кайда жашайсың?
Чолпон. (Уяла) Алачыгым бар. Бирок, сага көрсөтпөйм.
Атай. Эмнеге?
Чолпон. Уялам.
Атай. Өзүң бил, анда. 
(Пауза).
Атай. (Толкунданып) Сулуу кыз экенсиң!..
Чолпон. (Жүзү албырып) Сен дагы келишимдүү жигит экенсиң.
Атай. (Толкунданып) Сен мага дароо эле жактың!
Чолпон. (Жүзү албырып) Сен дагы бир көргөндө эле жактың, мага!
Атай. Атың ким?
Чолпон. Чолпон.
Атай. (Суктана) Чолпон!.. Сен Чолпон жылдыздан да сулуу турбайсыңбы!
Чолпон. (Уялыңкы) Койчу.
Атай. (Толкунданып) Чын эле!
Чолпон. А сенин атың ким?
Атай. Атай.
Чолпон. Аябай уккулуктуу ат экен.
(Экөө бир кыйлага чейин бири – бирин суктана тиктеп турушту).
Атай. (Толкунданып) Кетким келбей атат, бул жерден.
Чолпон. (Жүзү ого бетер албырып) Мен да калгым келбей атат. 
Атай. Жүрү, анда мени менен, айылга.
Чолпон. (Чочуп) Азыр элеби?
Атай. Азыр эле. Анын үстүнө сендей бойго жеткен кыздын жалгыз жашаганы кантип болсун. Опурталдуу да аябай. 
Чолпон. (Кыйлып) Азыр эмес…
Атай. Эмнеге?
Чолпон. Мен сенин айлыңа аябай баргым келип атат, бирок… бир аз ирээтенип алайын. 
Атай. (Өкүнө) Ирээттене турган эмнең бар?
Чолпон. Эч нерсем деле жок… Мындайга дароо көнө албайсың да.
(Пауза).
Атай. (Кубанып кетти) Анда, ушуякка келип, күн сайын жаныңда болсом, каршы болбойсуңбу?
Чолпон. Каршы эмесмин, бирок…
Атай. (Чыдамы кетип) Дагы эмне болду?
Чолпон. Алачыгымды кантип көрсөтөм, сага?
Атай. (Кубанып кетти) Көрсөтпөй эле кой. Жаңы алачык жасап алабыз. Мен сага жасап берем!
Чолпон. (Ичи элжиреп) Ошентчи, анда!
Атай. Кеттим, айылга. Күн батканга чейин кайра келем!
Чолпон. Күндүз кана келип турам дебедиң беле?
Атай. Айныдым, ал ниетимен. Мындан ары, күнү – түнү жаныңда болом, сен көнгүчө. Маакулбу?
Чолпон. (Ичи ого бетер элжиреп) Маакул!..
Атай. Кош, кечке чейин.
Чолпон. Кош.
Атай. (Кетип баратып кайра токтой калды) Чын эле, кечинде ушул жерден табамбы, сени?
Чолпон. Табасың.
Атай. (Кабатыр боло) Таппай калсамчы?
Чолпон. Сөзсүз табасың!
Атай. Чын элеби?!
Чолпон. Чын!
Атай. Эгер сени таппай калсам… анда жашоо мага жок болот!
Чолпон. Санааркабай бара бер. Мен да сени чыдамсыздык менен күтүп турам.
Атай. Чын эле күтөсүңбү?!
Чолпон. Күтөм!
Атай. Сөзсүз күт!
Чолпон. Сөзсүз, күтөм!
Атай. Сенден айрылып калбайымбы?!
Чолпон. Жок!
(Атай чуркаган боюнча кетти. Чолпон жүзү албырып узата карап турду).

Жетинчи сахна

Адылдын узанган жери. Узунунан керилген кермеге каз катар болуп комуздар илинген. Адыл комуз чаап атты. Аңгыча жезтумшук аял пайда болду.
Аял. И-и, мерген… 
Адыл. (Кыжыры келип) Дагы эмне келдиң, көрүмчүдөй болуп?
Аял. (Кыткылыктай) Көрүмчүмүн… сенин көзүңө көрүнгөн желмогузмун ошондой. (Сынай) Эмне кылып атасың?
Адыл. (Корс) Ойноп атам!..
Аял. (Адылдын колундагы жыгачты көрсөтүп) Мунуң эмне, сундуйган?
Адыл. (Корс) Сенин төбөңдү каңдай турган чокмор. 
Аял. (Кытмыр күлүп) Пай-пай-пай, коркуп кеттим, коркуп кеттим, тим эле…
Адыл. (Итиркейи келип) Эй, жезтумшук!..
Аял. (Керкакшык узатып) Ооз ача электе эле аңкылдайсың да, жаман катындардан бетер. 
Адыл. (Кыжыры келип) Жаагыңды бас, эй, жезтумшук!.. Бас жаагыңды!.. Жаным сенсиз да кашайып турат!
Аял. Бастым, мына, бастым. (Комузду кыдырата карап) А-а, комуз чаап атасыңбы? Мергенчилигиң бүтүп, уста болгону калдыңбы?
Адыл. (Корс) Мен устамын, биле элек болсоң! Бала күнүмдөн бери.
Аял. Ыя, де… Билчү эмесмин. Мен сени өмүр бою эле мерген го деп жүргөм.
Адыл. (Итиркейи келип) Билбесең, билип ал, эми!
Аял. Мунуң менен байлык жыйса болобу?
Адыл. (Кыжыры келип) Эй, мээси бөксө, аял, комузду байлык үчүн чаппайт. Ал адамдын көкүрөгүндөгү шыгы болот.
Аял. И-и, ошондойбу?
Адыл. (Кырс) Ошондой.
Аял. А мен ойлоп атпайымбы…
Адыл. (Итиркейи келип) Эмне деп?
Аял. Жашың өйдөлөп, мергенчиликке жарабай калып, анан битин сыгып канын жалаган сараң жаның, бала кезиңдеги өнөрүң менен байлык жыйган аткан экен деп.
Адыл. (Кырс) Сенин оюң бузук!
Аял. (Ээк өкчөп) Тээтиги короо толгон малыңды узанып жүрүп тапкан экенсиң да, деп атпайымбы.
Адыл. (Кырс) Ал мал, мага атадан калган мурас.
Аял. (Кытмыр күлүп) Жакшы мураскор экенисң – бир чабыр сойгондон титиреп, тоо-ташта жүргөн кайберенге сук арткан.
Адыл. (Суз) Ал менин жаңылыштыгым...
Аял. (Чочуп кетти) “Жаңылыштыгым” дейсиңби?!. Ушу сөздү сен айттыңбы?!.
Адыл. (Суз) Ооба, мен айттым.
Аял. (Таң калып) Капыра-а-ай, ай….чын угуп турамбы, же жалган угуп турамбы?!..
Адыл. (Кырс) Дүлөй боло элексиңби?
Аял. Кудай сактасын.
Адыл. (Суз) Анда, дегеним-дегендей, укканың-уккандай.
Аял. (Ого бетер таң калып) Ай, үңкүр толо алтын-күмүшүмдү энчиңе баспадың беле?!.
Адыл. (Суз) Ал да менин жаңылыштыгым.
Аял. (Көзү ого бетер чекчейип) Ыя-я, де?!.
Адыл. (Суз) Ошондой. Бердим, ошол алтын-күмүшүңдү, өзүңө.
Аял. (Оозуна сөз кирбей делдирей түштү) Ай!.. Ай!.. Адыл мерген…
Адыл. (Суз) “Мерген” дебе. Мен устамын.
Аял. (Дагы эле таң калып) Ооба… ооба… Мейли, ким болсоң — ошо бол!.. Алтын-күмүшүмдү өзүмө… өзүмө кайра берип атканың чынбы?!.
Адыл. (Суз) Чын. (Койнунан ачкыч алып чынып, аялдын аяк астына ыргытты) Ме, ал.
Аял. (Ачкычтарды ала коюп, көргөн көзүнө ишенбей) Менин ачкычтарым экен!.. Менин ачкычтарым экен!..
Адыл. (Суз) Бар эми, жолуңа түш. Жолтоо болбо, кишиге.
Аял. (Аяр) Кое тур, кое тур, мерген…
Адыл. (Кыжыры келип) Мерген дебе!
Аял. Айып мойнумда. Сага бере турган бир суроом, анан айта турган бир… өтө… Кыскасы, жаңылыгым бар. Ошону угуп тур. Андан кийин көздөн кайым болом. 
Адыл. (Суз калыбында) Айт.
Аял. Түрпөтүңө карасам, чын эле баягы Адыл мергендей эмес— сиң. Сага эмне болду?
Адыл. (Мыйыгынан) Ага сенин мээң жетпейт.
Аял. (Кытмыр күлүп) Текеберсинбе, текеберсинбе-е. Менин мээм эмнеге жетээр-жетпесин жакында көрөсүң. Андан көрө, мени тергегенди коюп, суроомо жооп берчи.
Адыл. Эй, аял, тээтиги короо толгон мал мага опоо болобу?!. Же сен берген үңкүр-үңкүр алтын-күмүшүң мага опоо болобу?!. Тээтигинче мал, момунча темир-тезек мени кай муратка жеткирет?!. Жут келсе – малың кырылат!.. Алтын баштан жан кетсе – алтын-күмүшүң бирөөнүн энчиси болуп кала берет!.. Маараган малда, жыйылган темир-тезекте менин изим да калбайт!.. (Колуна комузун алып) Мына, мынабул жарым кулач жыгачта менин демим бар!.. Колумдун жылуусу бар!.. Жүрөгүмдүн ыры бар!.. (Кичине тынымдан соң) Эми жеттиби, алдыгы… башыңа?
Аял. (Башын чайкап) Пай-пай-пай… Пай-пай-пай… Сөзүңдү угуп, өзүңдү көрүп, өңүмбү, же түшүмбү деп, делдейип турам. Ушундай өнөрүң бар экен, анан эмне колуңа курал алдың?
Адыл. (Суз) Азгырык деп коет, аны.
Аял. (Таң кала) Тээтигинче мал жыйнап, дүйнө топтогонуңчу?
Адыл. (Суз) Ал да азгырык. (Өкүнүч менен) Адам ошентип напсисине азгырылат экен. Напсисине кул болот экен. Байлык жыйсам, дүйнө жыйсам деп көзү кызарат экен. (Тынымдан соң) Азыр өкүнүп атам.
Аял. Эмнеге?
Адыл. (Өкүнүч менен) Усталыгымды бекер таштапмын. Бекер чаныпмын. (Кичине тыным) Ошончо жылдан бери канча комуз чабат элем!.. Канча жыгачка жан киргизет элем!..
Аял. И-и, эми ушинтип жанталашып, ошонун оордун толтурайын деп аткан экенсиң да?
Адыл. (Суз) Ооба.
(Кичине тыным). 
Аял. Аяп турам, мен сени!.. Кечиктиң!.. Кечиктиң!.. Кечигип калдың!.. Суук кабар угузам, мен сага!..
Адыл. (Чочуп кетти) Эмне суук кабар?!.
Аял. (Башын чайкап) Өтө-ө суук кабар!.. Комузуңду кучактап алып, кошо ыйлай турган кабар!..
Адыл. (Үрөйү учуп) Эй, түрү бузук аял, эмне шойкомду салган турасың, сен?!.
Аял. Мен салбайм, ал шойкомду. Сен өзүң кабылгансың, ага.
Адыл. (Үрөйү ого бетер учуп) Айтчы, тезирээк!.. Кылым болуп кетти, айтмагың!..
Аял. (Сынай) Уулуң кана?
Адыл. (Үрөйү учуп) Уулума бир нерсе болдубу, ыя?!,
Аял. Ошону сенден сурап атам.
Адыл. (Үрөйү учкан бойдон) Эмне болуптур, уулума?!.
Аял. Бир нерсе болду дедимби, мен сага?
Адыл. (Чыдамы кетип) Бир билгениң бар, сенин, айт!.. Айт, тезирээк!..
Аял. Эмне мынча чок баскандай чочудуң?
Адыл. (Жаалы келип) Айт, деп атам!..
Аял. Уулуң аман-эсен эле турат.
Адыл. (Ишенбей) Калп атпа!..
Аял. (Колун жаңсап) Тигине, келатпайбы, жолдо.
Адыл. (Карады да, жүрөгү ылдыйлай түштү) Уулум экен.
Аял. (Сынай) А жанындагысычы?
Адыл. Жанындагысы – келинчеги.
Аял. (Сынай) Сулуубу, жашпы, келинчеги?
Адыл. Супсулуу. Уулумдун өзүндөй болуп, мөлтүрөп жапжаш.
Аял. (Сынай) Мындай сулуу колуктуну кайдан таптың, уулуңа?
Адыл. Уулум өзү тапты.
Аял. (Сынай) Кудаларың кимдер экен?
Адыл. (Үшкүрүнүп) Кудаларым жок. Жетим кыз экен.
Аял. Канча болду, үйлөндүргөнүңө?
Адыл. Жарым жылга аяк басты.
Аял. (Сынай) Небере күткөн атасыңбы?
Адыл. Күткөн атам. Кудай буюрса, жакында көз жарат.
Аял. (Сынай) И-и, де…
Адыл. Сөздү бөлөккө буруп, алаксытпай, айт, “суук кабарыңды”. Айт, эмнеге “кечигиптирмин?”.
Аял. Коркуп турам.
Адыл. Эмнеден?
Аял. Уксаң – жүрөгүң кабынан чыгып кетеби деп.
Адыл. (Чыдамы кетип) Айтчы, батыраак, ымтырабай!.. Кыйнап ийдиң, кишини!.. 
Аял. (Койнунан кутуча алып чыгып, ичин ачты) Көрдүңбү, момуну?
Адыл. Бул кимдин тырмактары?
Аял. Кызыңдын.
Адыл. (Кооптуу) Эмне үчүн алып койдуң, анын тырмактарын?
Аял. Эмне үчүн экенин азыр билесиң.
Адыл. (Демитип) Эй, аял, жүрөгүм кабынан чыкчудай болуп турат. Айтчы, тезирээк, айтчуңду!..
Аял. Менин оозумдан укпай – өз көзүң менен көр.
Адыл. (Үрөйү учуп) Эмнени?!.
Аял. Бар, “келиниңдин” оң мүрүсүн карап кел.
Адыл. (Үрөйү ого бетер учуп) “Оң мүрүсүн” дейсиңби?!.
Аял. Ооба.
Адыл. (Үрөйү ансайын учуп) Чын айтып атасыңбы, сен?!,
Аял. (Суз) Бар, кара.
Адыл. (Калчылдап) Эй!.. Аял!.. Сен кылдыңбы, ушуну?!.
Аял. Бул сенин “жаңылыштыгыңдын” жазасы.
Адыл. (Жандалбастап) Ишенбейм!.. Ишенбейм!.. Ишенбейм, мен сага!.. 
Аял. Ишенбесең – бар, кара.
Адыл. (Жанталашып) Карайм!.. Азыр карайм!.. (Уул-келинин көздөй чуркады).
Аял. (Башын чайкап) А-а, курган неме…

Сегизинчи сахна

Атай Чолпонго ооз комуз черткенди үйрөтүп аткан. Адыл чуркап келди, энтигип.
Адыл. (Аял – буялга келбей, Чолпонго) Бас, мындай!
(Чолпон эч нерсени түшүнбөй кооптонуп, Адыл көрсөткөн тарапты көздөй басты. Атай аларды ээрчимекчи болду эле…)
Адыл. (Уулуна сөөмөй кезеп токтотту) Сен тээтиги жакка бара тур! Тез! 
(Атай кыйыла басып кетти алыс).
Адыл. (Чолпонго, өкүм) Жетим экениң чын беле?!
Чолпон. (Коркуп) Ооба… чын.
Адыл. (Өкүм) Ата – энең ким эле?
Чолпон. (Коркуп) Билбейм…
Адыл. (Жекире) Калп айтпа!
Чолпон. (Бүжүрөп) Калп айткан жокмун.
Адыл. Түшүр ылдый, көйнөгүңдүн оң ийнинин!
(Чолпон жүрөксүнө көйнөгүнүн оң ийинин ылдый түшүрдү).
Адыл. (Көргөн көзүнө ишенбей селейе түштү) О – о!.. Болду. Кийип ал. Ийиниңди көргөнүмдү Атайга айтпа. (Шылкыйып басып кетти. 
Аңгыча кабатыр болгон Атай Чолпондун жанына кайра келип калды).
Атай. Атам эмне деди?
Чолпон. (Эмне дээрин билбей) Жөн эле… Эч нерсе деле деген жок.
Атай. (Ишенбей) Кантип эле эч нерсе дебесин? Эмне деп сүйлөштү сени менен?
Чолпон. “Жетим экениң чынбы?” деп сурады. “Чын” дедим. “Ата – энеңди билесиңби?” деп сурады.
Атай. Анан?
Чолпон. “Билбейм” дедим.
Атай. (Кабатыр боло) Эмне кайра сурап атат, билет да сенин томолой жетим экениңди?
Чолпон. Билбейм…
Атай. Дагы эмне деди?
Чолпон. Башка эч нерсе деген жок.
Атай. (Ойлонуп калды) Кызык…
Чолпон. (Жароокер) Санааркабай эле койчу, эми. Андан көрө, дагы үйрөтчү, ооз комузду. 
Атай. (Көңүлү жай болбой) Үйрөтөм… үйрөтөм… Мына, карап тур…
Чолпон. (Таарынып) Оюңдун баары башка жакта.
Атай. (Күнөөлүүдөй) Мына… мына… (Үйрөтө баштады) Жакшы эле кагып калыптырсың, И – и, ушундаай, ушундай… (Ойлонуп калды) Бул жерде эмне сыр бар, ыя? Атамдын бир билгени бар…

Тогузунчу сахна

Кайрадан Адыл узанып аткан жер. Бир аздан соң өң-алеттен кеткен Адыл келди, шалдайып.
Адыл. (Күбүрөнүп) Азыткы!.. Ок өтпөс тонду тиктирип атам деп келгениңдин сыры ушул беле?!.. Кеңкелес башым!.. Кеңкелес башым!.. (Кичине тынымдан соң) Эмне үчүн ушинттиң?!.. Эмне үчүн?!,,
Аял. Мен эмес, сен өзүң… Өзүң күнөөлүсүң.
(Тыным).
Адыл. (Шалдайып) Өзүм!.. Өзүм!!. Өзүм!!! (Күбүрөнүп) Ушуну көрмөк белем?!. Ушуну?!. Эми эмне болот?!. 
Аял. (Капысынан бир нерседен сестене, жанталашып) Эми, ал сага келин болот!.. Бүлөө болот!.. Араңарга кошулат!.. Адам болот!.. Араңарда жүрөт!.. Жаныңда жүрөт!..
Адыл. (Жаны түтөп) Жанымда?!. 
Аял. (Жанталашып) Ооба!.. Дайыма жаныңда болот!..
Адыл. (Жаны ого бетер түтөп) Өлтүрдүң, сен мени!.. Өлтүрдүң!..
Аял. (Жанталашып) Сабыр кыл!.. Сабыр кыл!..
Адыл. (Жаны ансайын түтөп) Кантип ал мага бүлөө болот?!.
Аял. (Жанталашып) Болот!.. Болот!..
Адыл. (Жаны ого бетер күйүп) Ал менин… кызым!!!
Аял. (Жанталашып) Ооба!.. Кызың!.. Кызың, сенин!..
Адыл. (Жанын коерге жер таппай) О-о, Кудай!.. Эмне мынча жазаладың, мени?!. (Бүк түшүп жатып калды. Кыйладан соң дендароо болгон калыбында кайсалап барып, колуна комузун алды. Кылдарын бирден терип, акырын чертип кирди. Анан бара-бара жүрөктү эзген күү чыга баштады комуздан).
Аял. Капырай, бул күүң жүрөктү эзет ко, тим эле.
Адыл. (Дендароо болгон калыбында, күбүрөнүп) Бул… ошондой күү… 
Аял. Бул эмне күү?
Адыл. (Дендароо калыбында) Аза күү…
Аял. (Үрөйү учуп) Кимге?!.
Адыл. (Дендароо болгон калыбында) Кимге болсун… (Кичине тынымдан соң) Бүттү… Бүттү…
Аял. (Жүрөгү болк этип) Эмнени айтып атасың?!.
Адыл. (Аялды укпай, өзүнчө) Баары бүттү… (Оордунан турду да, комузун таштап шашыла басып жөнөдү).
Аял. (Жанталаша кыйкырып) Чолпо-он!.. Ата-ай!.. Качкыла-а!.. Атаңарга жин тийди-и!.. Зыян кылып коет, силерди-и!.. Качкыла-а!..
(Адыл ары обочодо улам – улам кишенеп коюп, мамыда байланып турган атын көздөй жүгүрдү. Аял аркасынан кошо жүгүрүп жетип, аттын чылбырын талашып калды).
Адыл. (Жаалданып) Кое бер!.. Кое бер!..
Аял. (Үрөйү учуп) Эмне кылган атасың?!.. Эмне кылган атасың?!.
Адыл. (Дендароо болгон калыбында) Тоспо, жолумду!.. Тоспо!..
Аял. (Үрөйү учуп) Кызымды азыр жетелеп кетем!.. Азыр жетелеп кетем!..
Адыл. (Дендароо болгон калыбында) Тур, жолумдан!.. (Аялды жыга түрттү да, атына ыргып минди. Анан колуна дароо мылтык алды).
Аял. (Оордунан тура калып) Антпе-е!.. Антпе-е!.. Азыр алып кете-ем!.. Азы-ыр!!! (Адылдын артынан жыгылып-туруп кошо чуркады. Жанталаша демигип) Мылтык алып атат!.. Мылтык алып атат!.. Токто-о!.. Токто-о!.. Мер-ге-е-ен!!! Мына-а, мени!.. Мени-и, а-ат!..

Онунчу сахна

Атай дагы эле Чолпонго ооз комуз какканды үйрөтүп аткан.
Аялдын үнү. (Жанталаша кыйкырып) Чолпо-он!.. Ата-ай!.. Качкыла-а!.. Атаңарга жин тийди-и!.. Зыян кылып коет, силерди-и!.. Качкыла-а!..
Атай. (Үн чыккан тарапты карап) Апамбы?.. Жок, башка аял экен. (Бүшүркөп) Мен бул аялды бир жерден көргөм. Сен тааныйсыңбы, бул аялды?
Чолпон. (Кара күчкө башын чайкап) Жок, тааныбайм. 
Атай. Анда биздин атыбызды кайдан билет, бул аял?
Чолпон. Элден укса керек. (Кооптоно үн чыккан тарапты карап) Атаң чаап келатат, бизди көздөй. Колунда мылтыгы бар экен!
Жүрү, качабыз?
Атай. (Кооптонсо да анысын билгизбей) Эмнеге качмак элек?
Чолпон. (Санааркап) Кокус, атаң чын эле зыян кылып койсочу, бизди?!
Атай. (Мойноп) Эмнеге зыян кылмак эле. Же биз анын душманы болбосок.
Чолпон. (Коркуп) Ошентсе да баары бир коркуп атам.
(Эки жаш эмне кылышаарын билишпей алдастап калышты. Ошол учурда аттын дүбүртү чукул кирип келди да, бир аздан соң атынын чылбырын сүйрөп, колуна мылтыгын белендеген Адыл жетип келди, тигилердин жанына).
Адыл. (Өкүм) Былк этпегиле!
(Эки жаш кооптоно былк этпей туруп калышты. Адыл тиги экөөн көздөй мылтыгын кезей жакындады).
Атай. (Үрөйү учуп) Ата!.. Биз сизге эмне кылдык?!. 
Адыл. (Жаалы келип) Сен эмес!.. Сен эмес!.. (Мылтыгын Чолпонго кезеди да, атууга даярданды).
Атай. (Ыйлап ортого түшө калды) Эмне кылган атасыз, ата?!. Эмне кылгын атасыз?!. 
Адыл. (Жаалы ого бетер келип) Атай!.. Жолумду торобо!..
Атай. (Төшүн тоскон боюнча) Ата!.. Бул сизге эмне кылды?!. Ата-а!..
Адыл. (Ансайын жаалы келип) Бул деген!.. Бул деген!.. Сенин… Менин… Бул деген!.. Тур, мындай!.. Тоспо!..
Атай. (Жанталашып) Эгер мунун күнөөсү болсо… оордуна мени ат, ата!.. Мына, мени ат!
Адыл. (Ого бетер жаалдана кыйкырды) Тур деп атам, мындай! Ту-ур!..
Атай. (Ого бетер жанталашып) Турбайм! Турбайм!.. 
Адыл. (Ого бетер жаалы келип) Азыр!.. Азыр!.. Сени да кошо!.. Аябайм!.. Айтып коеюн, аябайм!..
Атай. (Тайманбай) Атыңыз!.. Атыңыз!.. Мына!..
(Адыл мылтыгын бетине кармады).
Чолпон. Атай, коргобо мени. Бөөдө өлүм болосуң, сен дагы!
Атай. (Ого бетер тайманбай) Жо — ок!.. Жо — ок!.. Мени биринчи атсын! Мени биринчи!..
Адыл. (Жаалданып) Атай! Уулум!.. Акыркы ирээт айтып атам, тур жолумдун! Тур!.. Жаман болуп каласың, азыр!
Чолпон. (Атайдын артка сүйрөгөнүнө карабай, анын алдына чыга калды) Эмне үчүн минтип атканыңызды билбейм. Эгер чын эле күнөөм болсо, мына, атыңыз… ата!
Адыл. (Мылтыгынын машаасын басууга беленденип калган. Дароо чочуп кетти) Ата?!.. Ата дедиңби?!.
Чолпон. (Токтоо) Ооба… ата!..
(Адыл мылтыгынын оозун ылдый түшүрдү да, башын жерге салып, каккан казыктай болуп, бир кыйлага чейин туруп калды. Анан атын көздөй илкий басты. Бир аздан соң аттын басыгы алыстап кетти. Эки жаш Адылды узата карап турушту да, анан бири – бирин кучактап ыйлап ийишти).
Атай. (Көзүнүн жашын аарчып) Атама эмне болгон, ыя? Эмне үчүн сени атам деди?
Чолпон. (Ыйын баса албай) Билбейм…
Атай. (Өзүн араңдан зорго токтотуп) Чын эле жин тийген экен, анда, атама.
Чолпон. (Ыйын баса албай) Ошондой го…
Атай. (Демин басып) Сен “ата” десең эле токтоп калды…
Чолпон. (Солуктап) Ооба…
Атай. (Бир нерсени бүшүркөп) Эмне үчүн сен аны “ата” дедиң?
Чолпон. (Солуктап) Билбейм… Оозума ошондой сөз өзүнөн – өзү эле келе калды. Ал сенин атаң да. Сенин атаң – менин да атам да.
Атай. (Башын ийкеп) Ооба, менин атам – сенин да атаң да. Туура.
(Ошол учурда мылтыктын үнү “тарс!” этти).
Чолпон. (Мылтыктын үнү чыккан тарапты үрөйү уча жалт карап) Атам!.. 
Атай. (Кошо карап, үрөйү уча кыйкырды) Ата – а – а!.. (Чуркаган бойдон жөнөдү).
Чолпон. (Кыйкырып ыйлаган бойдон) Ата – а – а!.. (Атайдын аркасынан кошо чуркады).

Он биринчи сахна – эпилог оордуна

Көзүнүн жашы он талаа болгон аял жыгылып – туруп чуркап келатты.
Аял. (Кыйкырып) Ады – ыл, мер – ге –ен, токто – о!.. Антпе – е!.. Антпе –е!.. Эсиңе ке – ел!.. Эсиңе ке – ел!.. (Ошол учурда мылтыктын үнү “тарс!” этти. Аял бакырып ийди) 
А-а-а-а!!! (Жерге бүк түшүп жатып калды. Бир аздан соң өң-алеттен кетип башын көтөрдү да, ок чыккан тарапты карап, буркурап ыйлап жиберди) Аман!.. Аман!.. Кызым аман!.. Кызым аман!.. Уулу!.. Уулу аман!.. Өзү!.. Өзү!.. Өзү экен!.. (Көзүнөн жаш кетип атты.
Аңгыча шамалдын үнү угулду) Шамал… шамал боло баштады да?.. 
(Ага удаа комуздун кыңгыраган үнү чыкты).
Бул эмне үн?!. Комуздардан чыгып атат!.. Жан кирдиби, ыя?!. Капырай, бул эмне шумдук?!. Ушундай да болобу?!. Шамал терметип аткан турбайбы!.. О-о, Кудай!..
(Бая Адыл черткен жүрөктү эзген күү кайрадан угулду).
Аза күү?!. (Аял селейип туруп калды. 
Комуздун жүрөктү эзген аза күүсү улам күчөй баштады).

Бүттү.

15. 02. — 21. 03. 28.10 – 31.10, 2007-жыл.

© Жаныш Кулмамбетов, 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3475