Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Кулмамбетов Ж.О., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 22 декабры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Эсиңе кел, Жоломан!

(Айтылбай калган жомок)

Ч.Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” романынын айрым бир мотивдерин эркин пайдалануу менен жазылган 2 бөлүмдүү пьеса-притча

Катышуучулар:
Найман эне.
Жоломан.
Жолоочу.
Жуан – жуандардын ханы.
Жоокер кыз.
Биринчи найман — туткун.
Экинчи найман — экинчи туткун.
Үчүнчү найман – үчүнчү туткун.
Туу көтөргөн найман.
Жуан – жуандардын жоокерлери.


Биринчи бөлүм

Биринчи сахна

Согуш талаасы. Ызы – чуудан кулак тунат. Аздан соң бир жолоочу согуш талаасында эки жагын тунжурай карап, илкий басып келатты.
Жолоочу. (Өзүнчө күңгүрөнүп) Мен бир жомок билем. Адамдын үрөйүн учураарлык жомок. Өтө коркунучтуу жомок… (Согуш талаасын аралап узап кетти.
Ошол маалда наймандардын бир ууч жоокерлери уй мүйүз тартып, согуш талаасында коргонуп келатышты. Аңгыча сабы сынган тууну көтөрүп, энтиге чуркаган найман жоокер коргонуп аткандарга жетти).
Туу көтөргөн найман. (Кыйкырып) Наймандар!.. Туубуз жыгылды!.. Уруу башчыбыз шейит кетти!..
Биринчи найман. (Үрөйү учуп) Дөнөнбай шейит кеттиби?!..
Туу көтөргөн найман. (Тигилерге жете келип) Ооба!.. Туубуз жыгылды!.. Жуан – жуандардын туусу көтөрүлдү!
Биринчи найман. Дөнөнбайдын уулу кана?!. Жоломан кана?!.
Экинчи найман. Туура, ошол Жоломан турсун, туу түбүнө!..
Үчүнчү найман. Ооба, Жоломан кайда?!. Биз ошону ээрчийли!..
Туу көтөргөн найман. Жоломан жок!.. Колго түштү, жуан – жуандарга!..
Биринчи найман. (Айласы куруп) Эми эмне күн болот?!
Экинчи найман. Бизди жоого ким баштайт?!..
Үчүнчү найман. Туу түбүнө ким турат?!.
Туу көтөргөн найман. (Эси ооп олтуруп калды) Наймандар, ишибиз бүттү!.. 
Биринчи найман. (Айласы куруп) Жуан – жуандар көппү?
Туу көтөргөн найман. (Шайы кетип) Жер жайнайт!.. Ишибиз бүттү наймандар!..
Экинчи найман. (Аргасы түгөнүп) Каптап кетет, жуан – жуандар!..
Үчүнчү найман. Бөөдө өлүм болобуз!..
Биринчи найман. (Аргасы кетип) Айыргыла көйнөктөрүңөрдүн жеңдерин!
(Тигилер көйнөктөрүнүн жеңдерин айрып ийишти).
Байлагыла, кылычтардын башына!
(Тигилер байлап ийишти).
Көтөргүлө өйдө!..
(Наймандар кылычтарынын учтарына байланган ак чүпүрөктөрдү өйдө көтөрүшүп, баштарын калкалашып оорундарынан турушту да, жер дүңгүрөтүп келаткан аттардын дүбүртүн көздөй бет алышты. Аңгыча наймандарды акмалап келаткан Найман эне көрүндү. Дал ошол маалда анын алдынан жолоочу чыкты).
Жолоочу. Ашыкпаңыз, байбиче, ашыкпаңыз.
Найман эне. Сиз кимсиз?
Жолоочу. Жолоочумун. Өзүм да жолоочумун, атым да Жолоочу.
Найман эне. (Салабаттуу) Кулагым сизде, жолоочум.
Жолоочу. (Сырдуу) Сиздин каякка бартканыңызды билем, байбиче.
Найман эне. (Суз) Тергебей эле шыр айтыңызчы, айта турганыңызды.
Жолоочу. (Сырдуу) Наймандар өз ыктыярлары менен жуан – жуандарга туткунга түшүп беришти, бабиче.
Найман эне. (Ачуулуу) Намыссыздар!.. Аны сиз каяктан билесиз?
Жолоочу. (Сырдуу) Мен көп нерсени билем, байбиче, көп нерсени. 
Найман эне. (Суз) Табышмактатпай эле ачык айтпайсызбы, өз көзүм менен көрүп келатам деп. Согуш талаасын аралап келатыпсыз.
Жолоочу. (Шагы сына) Сөзүңүз ачуу экен, аябай, байбиче. 
Найман эне. Сөз сөзгө жараша айтылат, жолоочум. (Суз) Арасында менин да уулум барбы?
Жолоочу. Сиздин да уулуңуз бар, байбиче. Бирок, кабатыр болбоңуз, сиздин уулуңуз өз ыктыяры менен анткен жок. Аргасыздан колго түшүп берди. Баатыр экен, арстандарча кармашты. Жуан – жуандарды чекесинен кырды. Алыстан сыйыртмак ыргытып атып, араң дегенде кармашты.
Найман эне. (Башын ийкеп) И – и, ошон үчүн алдырган экен да. Болбосо оңой менен колго түшмөк эмес. (Купуя сыймыктана) Ал Дөнөнбайдын уулу. Наймандын уулу.
Жолоочу. (Сырдуу) Сиздин жалгыз уулуңуз.
Найман эне. (Улутуна, бир аз жашый түштү) Ооба, менин жалгыз уулум. Жалгыз каралдым. Дөнөнбайдын жалгыз тукуму.
Жолоочу. Байбиче, оюңуздан кайтыңыз. Ушул жерден артка тартыңыз.
Найман эне. (Ачуулуу) Менин эмне оюм бар экенин сиз каяктан билесиз?
Жолоочу. Мен көп нерсени билем, байбиче. Сиз жалгыз уулуңузду жуан – жуандардан куткарып алсам деп баратасыз. 
Найман эне. Менин колумдан келбейт деген турасызбы?
Жолоочу. (Сырдуу) Келет, байбиче, келет. Жолун табасыз. Амалын табасыз. Тентип жүргөн бир бечера кемпир болуп көрүнүп, жуан – жуандардын көзүн көндүрөсүз. Анан уулуңузга жакындайсыз. Ага көзүм жетет. 
Найман эне. (Башын чайкап) Ырас эле, көптү билет экенсиз. Адамдын оюн ичине кирип чыккандай айтат турбайсызбы.
Жолоочу. Бул Кудайдын мага берген шыбагасы, байбиче. Менин тилимди алыңыз, кайтыңыз, артыңызга.
Найман эне. Сиз миң олуя болсоңуз да, мен уулумду бошотмоюнча кур кол кетпеймин, жолоочум.
Жолоочу. (Башын чайкап) Болбостур, байбиче, болбостур… Айтканыма көнбөй турасыз. 
Найман эне. Бир билгениңиз бар болсо, ачык айтыңыз.
Жолоочу. (Сырдуу) Байбиче, жамандыктын жышаанын сезип атам, туюп атам. Төбөмдө ак куш чырылдап, тынымсыз сайрап атат.
Найман эне. (Төбөнү карады) Кайсы ак кушту айтасыз?
Жолоочу. Убара болбоңуз, байбиче. Ал ак кушту мен да көргөн жокмун. Дилим менен туюп атам. Көкүрөгүм менен көрүп атам. (Колу менен көргөзүп) Мобул жер, кандуу жер экен, байбиче!.. Баамдадыңызбы? Өздөн чыккан жат, өзөктөн чыккан өрт болоорун билип атасызбы? 
Найман эне. Ачык айтыңыз.
Жолоочу. Андай нерсени ачык айтканга оозум барбайт, байбиче. Андай нерсе ачык айтылбайт. Эстүү адамдар, кыйытып эле койсоң, өздөрү түшүнөт. Керегем сага айтам, келиним сен ук дегенди билчү белеңиз?
Найман эне. Олуя окшойсуз, бирок, оюңузду ачык айтпаганыңыз жаман экен. 
Жолоочу. (Сырдуу) Жуан – жуандар өзүңөрдүн ичиңерден чыгат, байбиче. Менин ошого үрөйүм учуп атат.
Найман эне. (Чочуп) Антип айтпаңыз, жуан – жуандардын жүзү курсун! Адам эмес экен алар!
Жолоочу. (Улутунуп) Адам эле, байбиче, адам эле. Адамдан өткөн мыкаачы барбы. Баарын адам жасайт. Жакшыны да, жаманды да адам ойлоп чыгат.
Найман эне. Айтчуңузду атып бүттүңүзбү?
Жолоочу. Шашып турасыз, көрүп атам, байбиче. Санааңыз бир жерде эмес. Болбосо, менин бир жомогум бар. Ошону сизге айтып берейин дедим эле. Өтө коркунучтуу, адамдын үрөйүн учура турган жомок.  
Найман эне. (Жактырбай) Жомок уга турган учурбу, азыр? 
Жолоочу. (Башын чайкап) Бекер кыласыз, байбиче, бекер кыласыз. Тилимди албай койдуңуз. Ыктыяр өзүңүздө. Сиз уулуңузга жолуккуча Кудай бизди дагы кездештиргиси бардыр, ошондо мен сизге алиги жомогумду айтып берээрмин.
Найман эне. (Шашып) Ошондо айтып бериңиз.
Жолоочу. Абайлаңыз, байбиче, абайлаңыз. Жамандыктын жышааны аралап жүрөт, ушул жерди. Кайыр, кошуңуз.
Найман эне. Кайыр, кош, жолоочум. (Экөө эки жакка сапарларын андан ары улап кетишти).

Экинчи сахна

Жуан – жуандар тыныккан турак. Бийиктиги бир кулач коруктун ичинде капка салынып, маталып олтурушкан бир нече туткундун, буулган жерден моюндары гана чыгып турду. Алар алактап коркуп, койчо ийрилип олтурушту. Аңгыча жүрөктүн үшүн алган добулбас урулуп, жуан – жуандардын ханы жетип келди, коруктун жанына, жан – жөөкөрлөрүнүн коштоосунда. 
Хан. (Жанындагы жоокер кийимчен аялга) Ушуларбы, наймандар? 
Жоокер кыз. (Башын ийкеп) Ушулар, таксырым.
Хан. Эмне кылып атасыңар, буларды?
Жоокер кыз. Сиздин жарлыгыңызга ылайык күнүгө жондорунан балак алып, баштарына, тырмактарынын алдына мык кагып кыйнап атабыз. 
Хан. (Тукундарды бир сыйра кыдырып көрүп) Найман уруусунун башчысынын баласы кана?
Жоокер кыз. (Бир жигитти олоң чачынан тартып көргөздү) Мына, таксырым.
Хан. (Жигитке) Атың ким?
Жигит. Жоломан.
Хан. (Кыжырлуу) Жоломан… (Жоокер аялга, каардуу) Эмне үчүн эмгиче унута элек атын?!
Жоокер кыз. (Жанталашып) Кулактарына кумдай куюп атабыз, таксырым, күнүгө. Унуткудай эле болушкан…
Хан. (Каарданып) Кана, унутканы?!. 
Жоокер кыз. (Жанталашып) Унуттурабыз, таксырым, унуттурабыз!.. Унутпай турган болушса – көрбөгөндү көрсөтөбүз! Акыры унутушат!
Хан. (Жоломанга, кыжырылуу) Эй, неме!.. Унут, мындан ары ал атыңды! Унут!.. Сага атты эми биз коебуз! Түшүндүңбү?! 
Жоломан. (Мелтиреп унчукпайт).
Хан. (Ачуусу келип) Сүйлөбөйсүңбү, эй, кейбир! 
Жоломан. (Мелтиреп унчукпайт).
Хан. (Ачуусу ого бетер келип) Сүйлө деп атам!..
Жоокер кыз. (Жүзүн үйрүп, кыйкырды) Сүйлө!.. Дудук болуп калдыңбы?!. 
Жоломан. (Дагы эле мелтиреп унчукпайт).
Хан. (Жини ого бетер келип, туттуга) Эй, неме!.. Жалдырама тийдиби, сага?!. 
Жоломан. (Дагы эле мелтиреп унчукпайт).
Жоокер кыз. (Ачуусу келгенин калч – калч эте) Эмне унчукпайсың?!. Сүйлө!.. Сүйлө!..
Жоломан. (Дагы эле мелтиреп унчукпайт).
Хан. (Жарылып кете жаздап, тиштене) Урууң ким?!
Жоломан. Найман.
Хан. (Ачуусу ашып – ташып айкырып) Найман?!. Андай уруу жок!.. Урууң тыйпыл болду, түшүндүңбү?! Жок!.. Уктуңбу, жок!..
Жоломан. (Мелтиреп унчукпайт).
Хан. (Титиреп – калчылдап, жоокер аялга) Эмне үчүн эмгиче унута элек, уруусун?!
Жоокер кыз. (Оозуна сөз кирбей) Мына… калгандары бүт унутушкан, ушул эле калды, таксырым…
Хан. (Жоломанга айкырды) Сенин урууң жок!.. Сенин урууң жок!.. Уктуңбу?!..
Жоломан. (Мелтиреп унчукпайт).
Жоокер кыз. (Чаңырып) Унут дебедим беле, мен сени?!. Унут дебедим беле!.. (Колундагы камчысы менен Жоломанды жондон ары тартып — тартып ийди).
Жоломан. (Мелтиреп унчуккан жок. Оозунан лам сөз да чыкпады).
Хан. (Эмне кылаар айласын таппай) Азыр башыңды алмадай үзүп таштайм!.. Сүйлө!.. Сүйлө!..
Жоломан. (Мелтиреп унчукпайт).
Хан. (Жаалдана, жоокер кызга) Келе кылычыңды!..
Жоокер кыз. (Чочуп кетти) Өлтүрөсүзбү?!
Хан. (Каары кайнап) Ооба!.. Келе кылычты!..
Жоокер кыз. (Жанталашып) Сабыр этиңиз, таксырым!.. Сиздин каарыңызлан коркуп, ушинтип оозуна сөз кирбей атат, окшойт, бул байкуштун.
Хан. (Бир аз жоошуп) Менден коркуппу?
Жоокер кыз. (Жанталаша) Ооба, таксырым!.. Сизден коркпой турган жан барбы! 
Хан. (Таң калып) Буга эмне мынчалык боор ооруп атасың?
Жоокер кыз. (Жүгүнүп) Таксырым, баарынан көк жалы ушул. Көрдүңүзбү, биз менен согушта жаа тартып, найза сайганын. Дегеле жаза кетирбейт экен. 
Хан. (Сурданып) Ооба, жалгыз өзү канча жоокерибизди жайлады! Колу бир солк этпейт экен, мунун!
Жоокер кыз. Жалгыз өзү миңге татыйт! Бул көнсө, сиз айткандай – наймандардын иши биротоло бүтөт!
Хан. (Сурданып) Көндүргүлө, анда!
Жоокер кыз. Көнөт!.. Көндүрөбүз!.. Көнбөчү болсо… 
Хан. Көнбөчү болсо… Башына… шири кийгизгиле!
Жоокер кыз. (Чочуп кетти) Дейди болуп калат ко анда, таксырым?!
Хан. (Тиштенип) Болсун, дейди!.. Болсо эмне экен?!. Мунун акылы оордунда, эси мээсинде болсо, андан бизге эмне пайда?!. Акыл –эси бар адамдан көрө, башын маң баскан мал артык, бизге! Эртең акылына келип, бизге каршы кылыч чапканы керекпи, сага?!
Жоокер кыз. (Башын чайкап) Жок, таксырым!
Хан. И –и, ошону ойло!.. Ким болбосун, кандай болбосун, бизге кыңк этпей кызмат кылганы керек! Биздин буйрукту эки кылбай аткарганы керек! Бизге адам эмес, эки аяктуу айбандар керек!
Жоокер кыз. (Жүгүнүп) Билем аны, таксырым, билем!
Хан. (Өкүм) Аткар, анда! 
Жоокер кыз. Аткарам, таксырым, аткарам!
Хан. (Тукундарды чекесинен суракка алып кирди) Атың ким, сенин?!
Туткун. (Калтырап – титиреп, эстей албай) Менин атым!.. Менин атым!.. Жок, атым!.. 
Хан. (Айкырып) Эсте, атыңды!.. Эсте!..
Туткун. (Калтырап — титиреп) Эстей албай атам, таксырым!.. Эстей албай атам!..
Хан. (Айкырып) Эсте, деп атам, мен сага!.. Эсте!.. Болбосо, башың кетет, азыр!..
Туткун. (Коркконунан ого бетер калчылдап) Жан соога, таксырым!.. Жан соога!.. Эстей албай атам, атымды!.. Эстей албай атам!.. 
Хан. (Жаалы ого бетер келип) Кууланба!.. Кууланба!..
Туткун. (Жанталаша) Кууланган жокумун, таксырым!.. Кууланган жокмун!.. 
Хан. (Сынай карап) Чын эле унутуп калдыңбы, атыңды?!. Чын элеби?!.
Туткун. (Жанталашып) Чын, таксырым!.. Чын!..
Жоокер кыз. Кууланган жок, таксырым, бул неме атын эчактан бери эле билбейт. Оозуң кайсы десең, дароо мурдун көрсөтөт. (Туткунга) Көрсөтчү оозуңду!
Туткун. (Жанталаша мурдун кыймылдатты) Мына!.. Мына, оозум!..
Жоокер кыз. (Тукунга) А мурдуң кана, мурдуң?!
Туткун. (Жанталашып оозун кыймылдатты) Мына!.. Мына, мурдум!.. 
Хан. Болуптур. (Экинчи туткунду чекеге сайып) Сенин атың ким?
Экинчи туткун. (Коркконунан калчылдап) Таксырым, атым… Атым… Азыр эстейм!.. Азыр!..
Хан. (Тиштене) Эсте!.. Эсте!..
Экинчи туткун. (Коркконунан калчылдап) Таксырым, эстей албай атам!.. Эстей албай атам!.. 
Хан. (Экинчи туткундун моюнуна сыйыртмак салып кыйкылдата тартып) Азыр эсте!.. Эсте!.. Болбосо, муунтуп таштайм, дароо!.. Муунтуп таштайм!..
Экинчи туткун. (Кыйкылдап) Жан соога, таксырым!.. Жан соога!.. Эстей албай атам, эстей албай атам!.. (Бышактап ыйлап ийди).
Жоокер кыз. (Жүгүнүп) Эстей алышпайт, таксырым, эстей алышпайт!..
Хан. (Экинчи туткунга) Урууң ким, сенин?!.
Экинчи туткун. (Безилдеп) Уруум жок!..
Хан. (Айкырып) Калп айтпа!..
Экинчи туткун. (Жанталаша безилдеп) Уруум жок, таксырым!.. Уруум жок!.. 
Хан. (Сынай) А найманчы?
Туткун. (Чочуп кетти) Найман?!. 
Жоокер кыз. (Үнүн өкүм чыгарып, сурдана) Мен силердин кулагыңарга күнүгө эмне деп куюп атам?! Айт!..
Туткун. (Жаалы келип) Найман — ал биздин душман!..
Жоокер кыз. (Экинчи туткунду кекете) Сен айт!
Экинчи туткун. (Жаалы келип) Найман биздин элдешкис душман!..
Жоокер кыз. (Үчүнчү туткунду зекип) Эми сен айт!
Үчүнчү туткун. (Жаалы келип) Наймандар өлсүн!..
Туткундар. (Бир ооздон) Наймандар өлсүн!.. Өлсүн!..
Хан. (Сөөмөйү менен көргөзүп) Тээтиги тоонун артында ким бар?! 
Туткун. (Жаалы келип) Душман!
Экинчи туткун. Душман!
Үчүнчү туткун. Душман өлсүн!
Туткундар. (Бир ооздон) Душман өлсүн!.. Өлсүн!..
Хан. Аларды ким өлтүрөт?
Туткундар. (Бир ооздон) Биз!.. Биз!!. Биз!!!
Хан. (Айланасын көрсөтүп) Бизди душмандар курчаган! Тегерегибиздин баары душмандар!
Туткун. (Жаалданып) Душмандарды кырабыз!
Экинчи туткун. (Жаалданып) Бүт кырабыз!
Үчүнчү туткун. (Жаалданып) Түп – тамырынан бери жоготобуз!
Хан. (Кыжынып) Жоготкула!.. Кыргыла!..
Туткундар. (Бир ооздон) Жоготобуз!!! Кырабыз!!!
Хан. (Жоломанды көрсөтүп) Мына, найман!.. Мына, душман!..
Туткун. (Жаалданып, өкүрүп – бакырып, жулунду) Азыр өлтүрөм!. Азыр!.. 
Экинчи туткун. (Тигинден да катуу жаалданып, Жоломанга жулунду) Азыр, көзүн тазалайм!..
Үчүнчү туткун. (Кутурган иттей жулунуп) Жайлайм, азыр!..
(Жаалданган туткундар каптын ичинде буулгандарына карашпай, бир паста Жоломанды баштары менен сүзгүлөшүп — ур – токмокко алып, төө басты кылып ийишти. Жаалдана тиштегилеп атышты).
Хан. (Бир аздан соң, айкырып) Токтоткула!.. Токтоткула!.. Токтоткула, деп атам!..
(Туткундар араңдан зорго басылышты. Жерде бети – башы канжалаган Жоломан жатты, онтоп, тура албай).
Туткун. (Жоломанга ызырынып) Баары бир сени өлтүрүп тынабыз! Найман!..
Экинчи туткун. Көзүңдү тазалайбыз! Найман!..
Үчүнчү туткун. Жоготобуз, сени! Найман!..
Туткундар. (Бир ооздон) Найманга – өлүм!!!
Хан. (Маашырлана, канжалап, онтоп жаткан Жоломанга карап) Көрдүңбү, сени биз эмес, жуан – жуандар эмес, мобулар жайлап ташташат!.. Мобулар!..
Туткундар. (Жулунушуп) Жайлайбыз!..
Хан. (Жоломанга) Кана, эми эстечи, атың ким?
Жоломан. (Онтолоп унчукпайт).
Хан. Урууң ким?!
Жоломан. (Онтолоп унчукпайт).
Хан. (Мөөрөйү үстөм боло) Унутпасаң!.. Ушулар жетет түбүңө, ушинтип!
Туткундар. (Бир ооздон) Жетебиз!..
Жоломан. (Онтолоп унчуккан жок).
Хан. (Жоокер кызга, туткундарды көрсөтүп) Буларың даяр болуптур. 
Жоокер кыз. (Жүгүнүп) Эртеден кечке, сиз айткандай кулактарына кумдай куюп аттым да, таксырым! Көнбөгөндөрүн жанын көзүнө көрсөттүрдүм! 
Хан. (Канаттануу менен) Аракетиң текке кетпептир. (Кичине тынымдан соң) Буларың биротоло айныгыс болгондон баштап, колдоруна курал бергиле. Машыга башташсын. Наймандар мерген эл. 
Жоокер кыз. Кандан – бектен кайра тартпаган жоокер эл
Хан. Ооба. Тоо – ташта калып, мал – жанын кайрып алабыз, туулгун жерибизди кайра тартып алабыз, деп биздин сары изибизге чөп салып, аңдыган калган – каткан наймандарды мынабул наймандардын колу менен жайлайбыз! Наймандарды наймандар жайласын! 
Жоокер кыз. (Сурданып) Жайлатабыз, өздөрүн өздөрүнө!
Хан. (Жоокер кызга, Жоломанды көрсөтүп) Момуну болсо дагы кыйнагыла.
Жоокер кыз. Кыйнайбыз, таксырым!
Хан. Көнгүчө кыйнагыла!.. Муну, көнгүчө тигилерден оолак кармагыла. Жайлап салышпасын бөөдө. Баамдадыңбы, тигилердин жаалын? 
Жоокер кыз. Аныңыз чын, тим койсок тим эле тытып кеткен турушат.
Хан. Ошон үчүн, аман сактагыла!
Жоокер кыз. Сактайбыз. (Жүгүнүп) Таксырым, бир аял артыбыздан калбай, алыстан акмалап бизди ээрчип келатат, далайдан бери.  
Хан. Эмне болгон аял экен, билдиңерби дайынын?
Жоокер кыз. Билдик таксырым… (Жоломанды көрсөтүп) Момунун энеси экен. Уулун куткарып алсам деп акмалап жүрөт окшойт. Эмне кылалы? Кармап туруп башын чаптырып салайынбы?
Хан. (Ойлоно түштү, мыйыгынан) Тим кой. Ээрчип келе берсин, бечара. Жалгыз жаман аялдын колунан эмне келет дейсиң. Уулун куткарганга ушунун алы келеби. (Мыйгынан) Андан көрө убагы келгенде көзүн тазалатып коебуз, тазалачу кишиге. 
Жоокер кыз. Таксырым, а балким момунун өз атын унутпай атканы да ушундан – энесинен улам болуп жүрбөсүн? Караанын көрө калса эсине түшүп атат да, ким экени.
Хан. Аның туура. Андай болушу да ыктымал.
Жоокер кыз. Анда эмне кылалы?.. Күтүп тура бербей тындым кыла бербейлиби, эмитен эле?
Хан. (Мыйгынан күлүп) Шашпа дебедимби, мен сага, шашпа. Тындым кылчу кез келет. Жакында келет. Тындым кылчу биз эмес. (Жоломанды көрсөтүп) Мобуга жайлатабыз! (Өкүм) Унуттур атын!.. Унутсун атын!.. Тез унутсун!.. Биротоло унутсун!.. Унуттур уруусун!.. Таптакыр унуттур!.. 
Жоокер кыз. (Тиштенип) Унттурам!.. Сөзсүз унуттурам!..
Хан. (Өкүм) Унутсун баарын!.. Унутсун!.. (Шарт кайрылып, келген жагына жөнөп кетти).
Жоокер кыз. (Чаңырып) Наймандарга өлүм!
Туткундар. (Бир ооздон жаалдана кыйкырышты) Наймандарга өлүм!
Жоокер кыз. (Өкүм) Жөнөгүлө, оордуңарга!
(Туткундар каптын ичинде жөрмөлөп, жыгылып — тура чыга жөнөштү. Жоломан гана жерде онтоп жатты).
Жоокер кыз. (Жун — жуандарга) Алгыла, момуну!
(Жуан – жуандар Жоломанды дыргаяктаткан бойдон туткундардын соңунан сүйрөп кетишти.
Бир аздан соң эки жагын элеңдей караган Найман эне келди, аяр басып).
Найман эне. (Баласынын артынан узата карап, көзүнөн жаш чууруп) Олда курган балам, ай!.. Сени кантип куткарып алсам деп, ушинтип сандалып жүрөм, балам!.. Бирок, кантип бошотуп алам, билбейм!.. Үмүтүмдү гана үзгөн жокмун. Сени бошотуп алаарыма көзүм жетип атат. Бирок, качан бошотом, кайсы күнү куткарам, билбейм, балам, билбейм. Ага чейин, ушунча күндөн бери тарткан азап – тозогуңду көрүп, жүрөгүм тилинип – тилинип кетип атат!.. Аттиң, аргам жок!.. Чарам жок, сени куткарганга!.. Колумдан келсе, баарыңды куткарып кетсем, кана!.. (Кичине тынымдан соң) Жок дегенде сенин оордуңа мен эле болуп калсамчы!.. Ушул азабыңды мен эле тартып калсамчы!.. Жоломаным, ай, Жоломаным!.. Курган менин чүрпөм, ай!.. Көрүп атам, курсагың ач. Туткунга түшкөнүңдөн бери оозуңа бир сындырым нан, бир тамчы суу тие элек балам. Курудуң го, каралдым!.. Курудуң го!.. Ыңгайын таап, мынабул койнумдагы нандан бир үзүм оозуңа салып, жонума асынган кол чаначтагы суудун бир ууртам жуткуруп койсом деп, эки көзүм төрт болуп, артыңдан сандалып келатам, кулунум!.. Мынабул түгөт кыз жакын жолотоор эмес. Тирмейип бүт баарын көрүп турат экен. Энеден туулган немеге окшобойт, бул кыз. Ичинде ушунча заары бар экен!.. Ургаачыдай түрү жок, мунун!.. (Кичине тынымдан кийин) Ай, курган балам, ай!.. Эми эмне айла кылам?!. Кантип сенин азабыңды жеңилдетем, уулум?!. Кантип сени куткарам?!. (Тигилердин артынан акмалай басып жөнөдү. Дал ошол учурда алдынан баягы жолоочу чыкты).
Жолоочу. Дагы эле кетпей жүрөсүзбү, байбиче? 
Найман эне. Жалгыз уулумду туткундан бошотмоюнча, каякка кетмек элем, жолоочум.
Жолоочу. Мына, байбиче, Кудай дагы жолуктурду, бизди. Көрдүңзбү, уулуңузду?
Найман эне. (Каңырыгы түтөп) Көрдүм, курган баламды. Куткарып алсам дегенде эки көзүм төрт болуп атат.
Жолоочу. (Башын чайкап) Байбиче, балаңызды куткарып ала албай калдыңыз го, эми.
Найман эне. (Жактырбай) Тилиңиз жаман экен. 
Жолоочу. Тил дилдегини айтат да, байбиче.
Найман эне. (Суз) Анда дилиңиз жаман экен.
Жолоочу. Сиз мени түшүнбөй атасыз, байбиче.
Найман эне. Мен ушул жерде, ушунча күндөн бери, ушул уулум деп сандалып жүрөм! Уулумду бошоштуп алсам деп, баарына кайыл болуп жүрөм. Аны куткармайынча, кетпеймин эми.
Жолоочу. Аны сиз куткара албай калдыңыз, байбиче. Андан көрө өз башыңызды куткарып кетиңиз, кеч боло электе.
Найман эне. Коркутуп турасызбы? Мен эми, алтымышка келип туубас болгон ургаачымын. Эмнесинен коркоюн. Менин башым тутулса тутулсун, уулум кутулсун. Ал жаш, атадан жалгыз. Аман – эсен элине барып, Дөнөнбайдын тукумун уласын. Наймандын тукумун уласын. Жуан – жуандардан кетпес кегин алсын.
Жолоочу. Атаганат, ошентсе кана. Бирок… андай болбой калды го деп корком.
Найман эне. (Ачуусу келип) Оозуңа таш, жолоочум, оозуңа кара таш!..
Жолоочу. Ылайым эле айтканыңыз келсе кана. (Бир аздан соң) Сиз коркпойт экенсиз, а мен коркуп атамын. Сизди ушул жерден тезирээк кетип калса деп, кудайдан тилеп атамын, күнү – түнү.
Найман эне. Эмне мынча мага асылып калдың, жолоочум? Бир билгениң бар болсо кыйытпай – этпей эле ачык айтып койчу. Кишини кыйнабай.
Жолоочу. Байбиче, өткөндө мен сизге бир жомок айтып берейин дебедим беле. Азыр ошол жомокту айтайын десем, уга турган түрүңүз жок. Санааңыздын баары уулуңузда.
Найман эне. (Кыртыштап) Туура, азыр жомок уга турган чагым жок, жолоочум.
Жолоочу. Бекер кыласыз, байбиче, бекер кыласыз…
Найман эне. (Шашыла) Кайыр, кош, жолоочум. Уулумдун жанына барайын, акмалап. Курсагы ачып, таңдайы катып калды, кулунумдун. Айласын таап оозуна бир сындырым нан, бир ууртам суу тамызып алсам – ошол мага олжо, жомок уккандан көрө. (Туткундар кеткен жакка кетип калды).
Жолоочу. (Башын чайкап) Дагы укпай кетти, жомокту… (Андан ары жолун улады).

Үчүнчү сахна

Бир нече мезгилден кийин. Ошол эле көрүнүш. Дагы эле каптын ичинде буулуп турган туткундар менен жоокер кыз. Туткундарды кайтарган эки жуан – жуан. Туткундардын маңдайында таяк башына сайылган адам кейпиндеги сөлөкөт. Ошол маалда эки жуан – жуан Жоломанды дыргаяктатып сүйрөп жетип келишти. Жоломанды көрүп туткундар кыжынышып, ачуулары бетине чыгып, тигини көздөй жулунушту.
Жоокер кыз. (Туткундарды тыйып) Токтогула!.. 
Туткун. (Ызырына) Бул душман!
Экинчи туткун. Айгышкан душман!
Үчүнчү туткун. Элдешкис душман!
Жоокер кыз. Ооба, душман болчу. Бирок, мындан ары силердин катарыңарга кошулат. Өз болот. Тийбегиле, буга!
(Туткундар анча ишеңкиребей турушса дагы, жоокер кыздан сестенишип туруп калышты).
Жоокер кыз. (Жоломанга, келекелей) Башың кычышкан жокпу, эртеден бери? 
Жоломан. (Мелтиреп унчуккан жок). 
Жоокер кыз. (Келекелей) Кычыша элек. Учуру келсин, ошондо башыңды тырматканга зар болосуң, байкуш.
Жоломан. (Мелтиреп унчуккан жок).
Жоокер кыз. Атың ким?!
Жоломан. (Адатынча мелтиреп унучккан жок).
Жоокер кыз. (Жаалы келип) Дагы эле мелтиреп турасыңбы?! 
Жоломан. (Мелтирегенинен жазган жок).
Жоокер кыз. (Ызырына) Эмне үчүн булардай болбойсуң?! 
Жоломан. (Дагы эле мелтиреп унчуккан жок).
Жоокер кыз. (Ызырынып) Дагы эле атыңды унута элексиңби?!
Жоломан. (Мелтиреп унчуккан жок).
Жоокер кыз. (Ого бетер ызырына) Дагы эле урууңду унута элексиңби?!
Жоломан. (Дагы эле мелтиреп унчуккан жок).
Жоокер кыз. (Ызырына, туттугуп) Сүйлө!.. Сүйлө!.. 
Жоломан. (Дагы эле мелтиреп унчуккан жок).
Жоокер кыз. (Жаалданып) Мен сенден акыркы ирээт сурап атам!.. Атың ким?!.
Жоломан. (Дагы эле мелтиреп унчуккан жок).
Жоокер кыз. (Жаалданып) Урууң ким?!.
Жоломан. (Дагы эле мелтиреп унчуккан жок).
Жоокер кыз. (Ачуусу ашып – ташып) Мелтиреген!.. Өз убалың өзүңө! (Жуан – жуандарга айкырды) Каймал төөнүн бирин кармап келгиле!
(Жуан – жуандар талаага бүжүңдөп чуркаган бойдон кетишти).
Көрдүңбү, тээтигинде, талаада төөнү кармаган атышат?! Азыр ошол төө союлат! Анан…
(Ошол маалда төөнүн боздогону угулду).
Уктуңбу, үнүн?!. Анан, ал төөнүн жылуу терисин тилип туруп, чачыңды жылтырата кырдыртып туруп, ширини башыңа каптайбыз! Чачың өскөн сайын шири да ката баштайт. Шири каткан сайын жаныңды көзүңө көргөзүп башыңды кычыратып кыса баштайт! Териңе жабышып, матып кетет!.. А чачың куураган шириге барып такалып, анан кайра кайрылып башыңдын терисине ийнедей болуп сайылып кире баштайт! Ошондо көрбөгөнүң көр болот, байкуш! Кудайга үнүң жетет!.. Анан акылыңдан айныйсың!.. Ширини чечем десең, башыңдан кочкул кан кетет!.. Анын соңунан, сенден жан кетет!.. Түшүндүңбү?!.
Жоломан. (Мелтиреп унчуккан жок). 
Жоокер кыз. (Ызырына) Тура бер ушинтип, мелтиреп!.. (Туткундарга сөлөкөттү көрсөтүп, айкырды) Бул эмне?!
Туткун. (Ызырына) Душман!
Экинчи туткун. Душман!
Үчүнчү туткун. Душман!
Туткундар. (Бир ооздон) Душман!!!
Жоокер кыз. Душман кандай болот?!
Туткун. (Ызырына) Душман куу болот!
Жоокер кыз. (Өкүрүп) Дагы?!
Экинчи туткун. Митаам болот!
Жоокер кыз. (Өкүрүп) Дагы?!
Үчүнчү туткун. Мыкаачы болот!
Жоокер кыз. (Ызырына) Душман кантип алдайт?!
Туткун. Бал тилге салат!
Жоокер кыз. (Өкүрүп) Дагы?!
Экинчи туткун. Коюн – колтукка кирет!
Жоокер кыз. (Өкүрүп) Дагы?!
Үчүнчү туткун. Сылап – сыйпайт!
Жоокер кыз. (Өкүрүп) Дагы?!
Туткундар. (Бир ооздон) Жойпуланат!
Жоокер кыз. (Ызырына) Анан душман кантип жайлайт?!
Туткун. Арабызга кирет!
Экинчи туткун. Амалга салат!
Үчүнчү туткун. Оюбузду билет!
Жоокер кыз. (Өкүрүп) Анан эмне кылат, душман?!.
Туткундар. (Бир ооздон) Анан, баарыбызды жайлайт!!!
Жоокер кыз. (Өкүрүп) Дагы эмне кылат, душман?!
Туткундар. (Бир ооздон) Малыбызды айдап кетет!
Жоокер кыз. (Өкүрүп) Дагы эмне кылат, душман?!
Туткундар. (Бир ооздон) Жерибизди тартып алат!
Жоокер кыз. (Өкүрүп) Душманга өлүм!
Туткундар. (Бир ооздон) Душманга өлүм!!!
Жоокер кыз. Душман кандай болот?!
Туткун. Бизге окшош болот!
Экинчи туткун. Биздикиндей оозу, биздикиндей көзү болот!
Үчүнчү туткун. Биздикиндей кулагы, биздикиндей колу – буту болот!
Жоокер кыз. (Ызырына) Дагы?!
Туткун. Душман, биз сыяктуу киши болот.
Жоокер кыз. (Чаңырып) Душман киши эмес – ал эки аяктуу айбан! (Сөлөкөттү кайра көрсөтүп) Бул эмне?!
Туткун. (Ызырына) Эки аяктуу айбан!
Жоокер кыз. (Экинчи туткунга) Сен айт!
Экинчи туткун. Эки аяктуу айбан!
Жоокер кыз. (Үчүнчү туткунга) Сен!
Үчүнчү туткун. Эки аяктуу айбан! 
Жоокер кыз. (Өкүрүп) Айткыла!
Туткундар. (Бир ооздон) Эки аяктуу айбан!!!
Жоокер кыз. (Айкырып) Айбандар өлсүн!
Туткундар. (Бир ооздон) Айбандар өлсүн!!!
Жоокер кыз. (Өкүрүп) Душмандар өлсүн!
Туткундар. (Бир ооздон) Душмандар өлсүн!!!
Жоокер кыз. (Ызырына) Душманга ырайым жок! Түшүндүңөрбү?!
Туткундар. (Бир ооздон) Түшүндүк — душманга ырайым жок!!!
Жоокер кыз. Душмандын жашоого акысы жок! 
Туткун. Жашоого акысы жок, душмандын!
Жоокер кыз. (Ызырына) Душманды көрөөр замат дароо жайлаш керек!
Туткундар. (Бир ооздон) Душманды дароо жайлаш керек!!!
Жоокер кыз. (Туткундарга) Наймандар өлсүн!
Туткундар. (Бир ооздон) Наймандар өлсүн!!!
Жоокер кыз. Душмандар өлсүн!
Туткундар. (Бир ооздон) Душмандар өлсүн!!!
Жоокер кыз. (Туткундарга, сөлөкөттү көрсөтүп) Бул эмне?!
Туткундар. (Бир ооздон) Душман! Душман!! Душман!!! 
Жоокер кыз. (Өкүрүп) Өлтүргүлө, душманды!
(Туткундар каптын ичинде томолонуп – жумаланып сөлөкөттү көздөй жөнөштү да, ага жетишип баштары менен сүзгүлөшүп, тиштегилешип, жерге жыгышып үстүндө оонай башташты. Жоокер кыз да туткундардын жанына барып ансайын шыкактап атты).
Жоокер кыз. (Айкырып атты) Аябагыла!.. Аябагыла!..
(Туткундар ого бетер жаалданышып сөлөкөттү мыжыгып, эзип атышты. Жоокер кыз, жуан – жуандар аларды ого бетер шыкакташып, жандарында жүрүштү. Кызуусуна кирип алган немелердин башкага көңүл бурууга чамалары да, көңүлдөрү да жок эле. 
Капка буулган Жоломан гана тигилерден обочо жерде мелтиреп аларды көрңп үрөйү учуп олтурду. Ээриндери кеберсип, бир аздан соң көзүн жуумп алды. 
Ошол убакта эки жагын аяр карап, шырп алдырбай баскан Найман эне көрүндү). 
Найман эне. (Уурдана басып уулуна жакындады) Уулум!.. Жоломан!..
Жоломан. (Селт этип) Апа!..
Найман эне. (Көзүнөн жаш кетип) Каралдым!.. Сүлдөрүң эле калган турбайбы, катыгүн!.. (Койнунан токоч алып чыгып уулунун оозуна салды) Же балам, же!.. Канча күндөн бери ушул токочту сактап келаттым эле!.. (Жүрөгү сыздап) Курсагың ачып, таңдайың катып калган тура, балам, ай!..
(Жоломан бурдуга токоч чайнап кирди).
Жоломан. (Какап — чакап) Суу…
Найман эне. (Жонундагы кол чаначты ала коюп) Мына, суу, кулунум!.. Мына!.. (Чаначтын оозун кайрып баласынын оозуна тийгизди. Жоломан жанталашып суудан жутуп – жутуп атты).
Алда, балам, ай!.. Алда, балам, ай!..
Жоломан. Өх!.. (Жанталашып) Мени бошотуңуз, апа!..
Найман эне. Бошот дейсиңби?!
Жоломан. Ооба, апа!.. Сиз мени бошоткону келдиңиз да, болуңуз, тезирээк!..
Найман эне. (Башын чайкап) Азыр эмес, балам, азыр эмес!.. Түн кирсин, ошондо ушундай ыңгайы келсе, дароо бошотуп алып кетем, каралдым!
Жоломан. Эмне үчүн азыр эмес, апа, эмне үчүн?!.
Найман эне. (Эмне кылаарын билбей, жоокер кыз менен жуан – жуандар тарапка кылчак – кылчак карап) Э, кокуй, уулум, колуңда куралың жок, дарманың жок… Булар сени узатпайт!.. Тээтигилерди каратып туруп мен сени бошотуп ийсем!.. Уулум!.. Каныңды төгүп ташташат, балам!..
Жоломан. Ушундан көрө өлгөн артык, апа!.. Бошотуңуз, мени!..
Найман эне. (Эмне кылаар айласын таппай) Сенден ажырап калам, балам!.. 
Жоломан. Апа!.. 
Найман эне. (Айласы куруп, көзүнөн жаш чууруп) Кагылайын, балам!.. Булардан качып кайда барасың?!. Каның суудай төгүлсө, менин көргөн күнүм эмне болот?!.
Жоломан. (Айласы куруп) Апа – а!..
Найман эне. (Башын чайкап, көзүнөн жаш кетип) Жок, балам!.. Жок!.. Мен сени өлүмгө кыя албайм, уулум!.. 
Жоломан. (Айласы кетип) Апа – а!..
Найман эне. (Көзүнүн жашы он талаа болуп) Мени кыйнаба, уулум!.. Мага сенин тирүү жүргөнүң – олжо!..
Жоломан. (Эмне кылышты билбей) Апа – а!..
Найман эне. (Жашын тыя албай) Чыда, балам, чыда!.. Убагы келсин, ыгы келсин, качып кутулаарыңа көзүм жетсин, ошондо бошотом, уулум!.. Баарыңарды бошотом!.. Чогуу качсаңар, чоң күч болосуңар, балам! Жалгыз – жарымыңарды жайлап ташташат, бир паста.
Жоломан. (Айласы куруп) Апа, менин кантип кыйналып атканымды билбейсиз да!..
Найман эне. (Жүрөгү сыздап) Алада балам, ай, кантип билбейин, сенин кандай азап – тозок тартып атканыңды!.. Көрүп атам го.
Жоломан. (айласы кетип) Бошотпойсузбу, анан!..
Найман эне. (Жашын тыя албай) Балам!.. Куткарып алам деп сенделип ээрчип келатып, анан кайра өз колум менен мени сени өлүмгө салып беремби, уулум!.. Жок, жок, балам!.. Чыда, балам, чыда!.. (Жоокер кыз тарапты карап) Мен жашынайын, балам, тигилер биякка келатат!.. Ме, мобул токочту катып ал, кулунум. Эптеп жеп тураарсың. (Токочту каптын ичине салып ийди). Мен дайыма жаныңда жүрөм, балам. Сени бошотуп алам, уулум! Максатым ошол! Өзүңдү куткармайынча бияктан кетпеймин! Каралдым! (Уурдана басып, көзүнүн жашын көл кылып уулунан узады).
Жоломан. (Айласы куруп) Алда апам, ай!..
(Ошол учурда Жоломандын жанына Жоокер кыз келди).
Жоокер кыз. Дагы эле олтурасыңбы, жалдырап?! (Жуан – жуандарга айкырды) Жигиттер!
(Жуан – жуандар үч бүгүлүп жоокер кыздын жанына жетип келишти).
Бүттүңөрбү, төөнү союп?!
(Жуан – жуандар баштарын ийкегилеп ийишти).
Анда, сүйрөп баргыла, момуну, төөнүн жанына! Чачын кырып, башына ысык бойдон шири жапкыла! 
(Жуан – жуандар Жоломанды дыргаяктатып сүйрөгөн бойдон алып кетишти). 
Жоокер кыз. (Өкүрүп) Наймандарга өлүм!.. 
Туткундар. (Сөлөкөттү жанчып атышып, бир ооздон кыйкырышты) Наймандарга өлүм!!! 
Жоокер кыз. (Туткундарга айкырып) Жөнөгүлө!.. Төөнүн жанына баргыла! Карап тургула, тээтигини! Карап тургула!
(Туткундар томолонуп – жумаланып төөнү көздөй жылып жөнөштү. Жоокер кыз да жуан – жуандар Жоломанды сүйрөп кеткен жакка ыкчам басып кетти. 
Ошол маалда кайрадан Найман эне көрүндү).
Найман эне. (Өзөгү өрттөнүп) Э, кокуй, баламдын башына шири жаап атышпайбы, тигилер!.. Кулунумдун акыл — эсин алгыңар бар экен да, кокуйгүн!.. Эми көргөн күнүң эмне болот, уулум?! Курган балам, ай, курган балам! Азаптын баарын көрмөй болдуң го, катыгүн!.. Чыдай албайсың го, мындай кыйноого?!. Чыдай албайсың го?!.. Эми эмне айла кылчумун?!. Эми эмне айла кылчумун?!. Кантип сенин башыңдагы ширини алам?!. Кантип сыйрып таштайм, ширини?! Сенин эс – акылыңдан ажырганыңды көргөндөн көрө өлүп калганым артык ко, уулум!.. Жок!.. Жок, балам!.. Шири башыңды кыса электе куткарып кетейин, сени!.. Эмне кылсам да куткарып кетейин!.. (Алыс басып кетти).


Экинчи бөлүм

Төртүнчү сахна

Арадан бир нече мезгил өткөн. Туткундардын турагы. Кудайга үнү жеткен Жоломан каптын ичинде ары туйлап, бери туйлап, ары тоголонуп, бери тоголонуп, алапайын таппай атты. Жоокер кыз жуан – жуандары менен капка буулган туткундарды айдап кирип келди. 
Жоломан. (Жанын коерго жер таппай кыйкырып) А – а – а!!! А – а – а!!! А – а – а!!!
(Үрөйлөрү учкан туткундар Жоломанды элейе карашты).
Жоокер кыз. (Өкүм) Мына, кимде ким атын унутпаса, уруусун унутпаса, ушундай болот! Түшүндүңөрбү?!
Туткундар. (Корккондорунан калчылдашып, бир ооздон) Түшүндүк!.. Түшүндүк!..
Жоломан. (Ого бетер жанталаша кыйкырып) А – а – а!!! А – а – а!!! А – а – а!!! (Ары тоголонуп, бери тоголонуп, туйлагылап атты).
Жоокер кыз. (Айкырып) Бас, жаагыңды, бас!.. Кулак – мээни тундурбай! Ба –ас!..
Жоломан. (Ансайын ого бетер жанталаша кыйкырып) А – а – а!!! А – а – а!!! А – а – а!!!
Жоокер кыз. (Жуан — жуандарга) Өчүргүлө!.. Өчүргүлө, момунун үнүн!..
(Жуан – жуандар Жоломанды баса калышып, оозуна кийиз тыгып ийишти. Айласы кеткен Жоломан башын жерге койгулап, ары кулап, бери кулап атты. Чекесинен чыпылдап тер кетти).
Жоокер кыз. (Жоломандын жанына келди да, текебер карап турду) Чала, сага!.. Ушуну көрмөксүң!.. Дагы көрө элексиң, көргүлүктү!.. Айттым беле?!. И – и, ушундай болмок!.. Мелтирейсиң!.. Биротоло мелтиреп жат, эми!..
Жоломан. (Ого бетер жанталаша ары кулап, бери кулап атты). 
Жоокер кыз. (Жуан — жуандарга) Шириси биротоло каткыча жанына тээтиги кемпирди жолотпогула! (Туткундарга) Көрдүңөрбү?!
Туткундар. (Калчылдап коркушуп, бир ооздон) Көрдүк!.. Көрдүк!..
Жоокер кыз. (Өкүм) Атыңар ким?!.
Туткундар. (Бир ооздон) Жок!..
Жоокер кыз. (Өкүм) Урууңар ким?!.
Туткундар. (Бир ооздон) Жок!..
Жоокер кыз. (Өкүм) Найман ким?!.
Туткундар. (Бир ооздон) Найман – душман!.. Найман – душман!.. 
Жоокер кыз. Душманга өлүм!.. 
Туткундар. (Бир ооздон) Душманга өлүм!.. Душманга өлүм!..
Жоокер кыз. (Буйрук кыла) Баскыла, оордуңарга!..
(Туткундар жанталаша каптын ичинде жыгылып – туруп жорголоп баратышты.)
Жоломан. (Ого бетер жанталаша жерге ары – бери тоголонуп, оонагылап, жаны көзүнө көрүнүп атты. 
Жуан – жуандар үнсүз – сөзсүз кайтарып турушту, Жоломанды.
Ошол учурда обочодо акмалаган Найман эне пайда болду).
Найман эне. (Көзүнүн жашын он талаа кылып, боздоп) Жүзү курсун, булардын, жүзү курсун!.. Адамды да ушунчалык кыйнайбы?!. (Бир аздан соң) Каралдым, ай!.. Кулунум, ай!.. Кагылайын, балам, ай!.. Ушинтип, сени карап, жалдырагандан башка аргам жок экен, менин!.. Эмне кылайын, эми?!. Колумдан эч айла келбейт экен!.. Ушундан көрө, сенин оордуңда мен эле ушинтип калсамчы, кокуй!.. Азабыңды мен тартсамчы!.. Эмне кылып жеңилдетем, кыйнооңду, балам?!. Кантип сага жардам берем, кулунум?!. Жоломаным!.. (Жер кучактап боздоп жатты).

Бешинчи сахна

Туткундардын турагынын жаны. Жуан – жуандардын төбөсү гана көрүнөт, алыстан. Анда – санда Жоломандын үзүл – кесил үнү угула калып атты, чучуктай чыңырган. Уулунун кыйкырыгын тыңшап, заманасы куурулган Найман эне бөгүп олтурду.
Найман эне. (Сай – сөөгү сыздап) Алда, курган балам, ай!.. Алда курган балам, ай!..
(Капысынан жолоочу пайда болду). 
Жолоочу. Амансызбы, байбиче? 
Найман эне. (Элечегинин учу менен жашын аарчып) Шүгүрчүлүк.
Жолоочу. Байбиче, мөгдөгөнөдөн пайда жок. Балаңыз эми жуан – жуандын дилине көнөт, тилине көнөт! Анан!.. Андан көрө, тилимди алып, эртерээк кайтып кеткениңиз оң.
Найман эне. (Ачуусу келип) Жолоочум, жаным ансыз да кыйналып турганда, эмне мынча эзесиң, кишини, ачуу сөзүң менен?!. Же жылуу сөз такыр эле чыкпайбы, оозуңдан?
Жолоочу. Чындык, ошондой ачуу болот, байбиче. Мен сизди сактап калайын деп ушинтип атам.
Найман эне. Кимден?
Жолоочу. Уулуңуздан, байбиче, уулуңуздан. 
Найман эне. (Түшүнбөй) Уулумдан? 
Жолоочу. Ооба, байбиче, ооба!.. 
Найман эне. (Бүшүркөп) Уулумдан эмени мнеге сактайт экенсиз?
Жолоочу. Оозум барбайт, айтканга. Анын үстүнө антип түз айтсам, сиз баары бир ишенбейсиз. Анткени, сиз энесиз. Эненин жүрөгүн ишендириш кыйын экен, баарынан. 
Найман эне. (Кыртыштап) Ошон үчүн жомок айтайын дедиңиз беле?
Жолоочу. Ооба, байбиче, ооба. Ак куш асманда тынымсыз чырылдап атат. Ыйлап атат. Боздоп атат!
Найман эне. (Ачуусу келип) Жомогуңа тоюп кеттим, жолоочум!..
Жолоочу. (Жанталашып) Байбиче, сабыр этип жомогумду угуп алыңыз. Анан өзүңүз билесиз, эмне кылыш – коюшту.
Найман эне. Жолоочум, менин жомок уга турган алым барбы, ыя, азыр?! Тиякта уулум тигинтип атса…
Жолоочу. (Ого бетер жанталашып) Эки эле ооз сөз, байбиче, эки эле ооз сөз. Чымырканып коюңуз. Эгер бул ирээт укпасаңыз, анда кеч болуп калат, таптакыр укпай каласыз, байбиче!..
Найман эне. Жолоочум, сен кандай немесиң, адамды түшүнбөгөн?!.
Жолоочу. (Башын чайкап) Болбостур, болбостур… Байбиче, жамандыктын жышааны аралап жүрөт мынабул жерди. Уулуңузду куткарам дечү болсоңуз!.. Абайлаңыз, абайлаңыз!.. Мен сизге жамандык каалаган жокмун! Андай ниет менде жок.
Найман эне. (Андан ары уккусу келбей) Жолоочум, мени кармаба. Уулумдун жанына барайын. Кайыр, кош. (Туткундарды акмалап басып кетти).
Жолоочу. (Башын чайкап) Кайыр, кош, байбиче. Кудай насип буюрса, дагы жолугушаарбыз… (Сапарын улады. 
Жоломандын гана чучуктай чыңырган үнү угулуп атты).

Алтынчы сахна

Бир кыйла убакыт өткөн. Туткундар менен жоокер кыз. Туткундарды күзөткөн жуан – жуандар. Башына шири кийгизилген Жоломан туткундардын арасында. 
Жоокер кыз. (Жуан – жуандарга буйрук кылып) Белине чейин бошоткула, мобуларды! 
(Жуан – жуандар капка салынган туткундарды чекесинен белдерине чейин бошотуп ийишти). 
Жоокер кыз. (Жуан – жуандарга буйрук кылып) Курал бергиле, колдоруна!
(Жуан – жуандар туткундардын колдоруна курал беришти. Туткундар курал кармаганда көздөрү жайнап кетти).
Жоокер кыз. (Мыйыгынан) И – и, сагыныптырсыңарбы, урушту? Урушасыңар, согушасыңар, шашпагыла! (Жуан — жуандарга) Алып келгиле, бери!
(Жуан – жуандар кайрадан баягы кишинин сөлөкөтүн алып жетип келе калышты. Туткундардын маңдайына орнотушту).
Жоокер кыз. (Сөлөкөттү көрсөтүп) Бул эмне?!
Жоломан. (Кыжынып) Душман!
Жоокер кыз. (Өкүм) Душман кандай болот?!
Жоломан. (Кыжынып) Душман куу болот, митаам болот, мыкаачы болот!
Жоокер кыз. (Өкүм) Душман кантип алдайт?!
Жоломан. (Кыжынып) Бал тилге салат! Коюн – колтукка кирет! Сылап – сыйпайт!
Жоокер кыз. (Өкүм) Анан?!
Жоломан. (Кыжынып) Жойпуланат! Арабызга кирет! Амалга салат!
Жоокер кыз. (Өкүм) Душман кантип жайлайт?!
Жоломан. (Кыжынып) Оюбузду билет!
Жоокер кыз. (Өкүм) Анан эмне кылат, душман?!.
Жоломан. (Кыжынып) Анан, жайлайт!!!
Жоокер кыз. (Өкүм) Дагы эмне кылат, душман?!
Жоломан. (Кыжынып) Малыбызды айдап кетет!
Жоокер кыз. (Өкүм) Дагы эмне кылат, душман?!
Жоломан. (Кыжынып) Жерибизди тартып алат!
Жоокер кыз. (Өкүм) Дагы?!.
Жоломан. (Кыжынып) Дагы… Башыбыздагы ширини алып таштайт!
Жоокер кыз. (Өкүм) И – и, ошентет! Алып таштайт!
Жоломан. (Ызырынып) А биз алдырбайбыз, ширибизди!
Жоокер кыз. (Өкүм) Эч качан алдырбайсыңар!
Жоломан. (Ызырынып) Эч качан алдырбайбыз!
Жоокер кыз. (Өкүм) Душманга өлүм!
Жоломан. (Айкырып) Душманга өлүм!!!
Жоокер кыз. Душман кандай болот?!
Жоломан. (Кыжынып) Бизге окшош болот! 
Жоокер кыз. (Өкүм) Анан?!.
Жоломан. (Кыжынып) Биздикиндей оозу, биздикиндей көзү болот!
Жоокер кыз. (Өкүм) Анан?!.
Жоломан. (Кыжынып) Биздикиндей кулагы, биздикиндей колу – буту болот!
Жоокер кыз. (Өкүм) Анан?! 
Жоломан. (Кыжынып) Душман, биз сыякту киши… болбойт! Эки аяктуу айбан болот!
Жоокер кыз. (Сөлөкөттү көрсөтүп) Өлтүр, душманды?!
Жоломан. (Айкырып) Душманга өлүм!!! ( Каптын ичинде чалынып – чулунуп, өмгөктөп жетти да, сөлөкөттү найза менен аеосуз бышкылап, таажалдана өкүрүп – бакырып кирди.
Жоокер кыз Жоломандын кылыгына маашырлана карап турду. Туткундар элейип – элейип бирде Жоломанды, бирде сөлөкөттү тиктешет).
Жоокер кыз. (Туткундарга чаңырып) Силер эмне карап турасыңар?!. Душманга өлүм!
Туткундар. (Селт эте түшүштү да, бир ооздон) Душманга өлүм!!! (Айкырган боюнча алар да томолонуп – жумаланып барышып, Жоломанга кошулушуп сөлөкөттү аеосуз бышкылап киришти.
Жоокер кыз менен жуан – жуандар аларды маашырлана карап турушту. Ошол маалда жүрөктүн үшүн алган добулбас урулуп, жуан – жуандардын ханы жетип келди, коруктун жанына, жан – жөөкөрлөрүнүн коштоосунда).
Жоокер кыз. (Туткундарга, өкүм) Жетишет!
(Туткундар сөлөкөттү бышкылаганын токтотушуп, бир кишидей болушуп жоокер кыздын буйругун күтүп калышты. Жоокер кыз менен жуан – жуандар ханга жүгүнүп турушту).
Хан. (Жоокер кызга) Чакыр бери, тигилериңди!
Жоокер кыз. (Өкүм) Келгиле, мындай!
(Туткундар тизилип хан менен жоокер кыздын маңдайына келишти да, какайышып буйрук күтүп туруп калышты).
Хан. (Жоломанга) Атың ким?!
Жоломан. Жуан – жуан!..
Хан. Урууң ким?!
Жоломан. Жуан – жуан!
Хан. (Туткундарга) Атыңар ким?!
Туткундар. (Бир ооздон) Жуан – жуан!
Хан. (Туткундарга) Урууңар ким?!
Туткундар. (Бир ооздон) Жуан – жуан!
Хан. (Туткундарга) Урааныңар эмне?!
Туткундар. (Бир ооздон) Жуан – жуан!
Хан. (Жоломанга) Душманың ким?!
Жоломан. Эки аяктуу айбан! Найман!
Хан. (Ызырына) Найман сенин душманың! Элдешкис душманың!
Жоломан. (Кыжынып) Элдешкис душманым!
Хан. Душман өлсүн!
Жоломан. Душман өлсүн!
Хан. (Ызырына) Ким өлтүрөт, душманды?!
Жоломан. (Кыжына) Мен!
Биринчи туткун. (Кыжына) Мен!
Экинчи туткун. (Кыжына) Мен!
Үчүнчү туткун. (Кыжына) Мен!
Хан. (Өкүм) Душман эл болбойт!
Туткундар. (Бир ооздон) Душман эл болбойт!!!
Хан. (Ызырына) Найман эл болбойт!
Туткундар. (Бир ооздон) Найман эл болбойт!!!
Хан. (Ызырына) Душманды аеосуз кырыш керек, жоюш керек!
Туткундар. (Бир ооздон) Душманды аеосуз кырабыз!.. Жоебуз!..
Хан. (Ызырына) Найманды жок кылыш керек!
Туткундар. (Бир ооздон) Найманды жок кылабыз!!!
Хан. (Жоломанга) Тээтиги жүргөн ким?!
Жоломан. Кемпир, аял.
Хан. (Ызырына) Ал кемпир эмес, ал аял эмес!.. Найман!..
Жоломан. Найман?.. (Кыжынып) Найман – душман!.. Найман – душман!.. Найман – душман!
Туткундар. (Бир ооздон) Найман – душман!.. Найман – душман!.. Найман – душман!
Хан. (Ызырына) Ал сенин шириңди башыңдан алганы келатат!
Жоломан. (Кыжынып) Мен ага ширимди алдырбайм! 
Хан. Жаныңа жолочу болсо, өлтүр, дароо!
Жоломан. (Кыжынып) Дароо өлтүрөм!.. Аябайм!.. Душманды!.. Найманды!..
Хан. (Мыйгынан күлүп, Жоломанга) Мына, эми эс – акылыңа келипсиң, чындап. (Жоокер кызга) Сөлөкөттү алыс койдур!
Жоокер кыз. (Жуан — жуандарга) Сөлөкөттү алыс койгула!
(Жуан – жуандар бүжүңдөп жүгүнгөн бойдон чуркап барышып, сөлөкөттү алыс, көрүнгүс жерге алып кетишти).
Хан. (Туткундарга, өкүм) Тарткыла жааны!
(Туткундар бир кишидей болуп олтура калышып жаа тартып ийишти).
Жоокер кыз. (Жуан – жуандарга кыйкырды) Алып келгиле, биякка!
(Жуан – жуандар кайрадан сөлөкөттү алып жетип келишти. Сөлөкөт тамтыгы жок калбыр болуп калган эле).
Хан. (Башын чайкап) Жакшы!.. Булардын көзгө атаар мергендиги калбаптыр! Эң жакшы!
Жоокер кыз. (Жүгүнүп) Дагы эмне кылабыз, таксырым?
Хан. Дагы машыктыр! Дагы күчтө! Мээлерин… дагы түздө!
Жоокер кыз. Дагы түздөйбүз, мээлерин, таксырым! Түздөйбүз!
Хан. Кыңк этишпесин! Ойлонушпасын! 
Жоокер кыз. Кыңк этишпейт! Ойлонушпайт!
Хан. (Жоокер кызга, Жоломанды көрсөтүп) Момуну булардан оолактатып, төө кайтарта башта.
Жоокер кыз. (Анча түшүнө бербей) Төө кайтарт дейсизби?
Хан. Төө кайтарт. 
Жоокер кыз. (Таң калып) Каптан биротоло чыгарыппы?
Хан. Ооба. 
Жоокер кыз. Качып кетсечи?
Хан. Качпайт! Көрүнүп турбайбы көзүнөн. Элден бөлүнүп, өзүнчө төө кайтарса, энеси келет, жанына, акмалап. Анан…
Жоокер кыз. Түшүндүм, таксырым, түшүндүм.
Хан. (Туткундарга) Душман өлсүн!
Туткундар. (Бир ооздон) Душман өлсүн!!!
Хан. (Бакырып) Найман өлсүн!
Туткундар. (Бир ооздон) Найман өлсүн!!!
(Хан жан – жөөкөрлөрү менен кандай келсе дал ошондой шамалдай басып алыстап кетти).
Жоокер кыз. (Өкүм) Жуан – жуандар!
Туткундар. (Бир ооздон) Биз!
Жоокер кыз. (Өкүм) Тигине, душман! Кууп жеткиле! Жайлагыла!
(Туткундар жанталашып жоокер кыз көрсөткөн тарапка томолонуп — жумаланып жөнөштү. Жоокер кыз менен жуан – жуан күзөтчүлөр алардын артынан кетишти. Бир аздан соң эки жагын аяр каранган Найман эне келди).
Найман эне. (Жакасын карманып, үрөйү учуп) Э, Кудай, бул эмнеси?!. Уулум баш болуп, баары мал болуп калабы, ушинтип?!. Адам кейпинен кетип калышабы, кокуй?!. 
Жолоочу. (Капилеттен пайда болуп) Булар эми наймандар эмес, жуан – жуандар, байбиче.
Найман эне. (Башын чайкап) Дагы келдиңизби, жолоочум? Кудай сизден куткарбас болду го, мени.
Жолоочу. Кудайдын ыктыяры ошол болуп атса керек, байбиче. Мен сизге келгенден тажабадым, сиз менден кеткиче шашкандан тажабадыңыз. Байбиче, кетип калыңыз, жамандык жакындап келатат!.. 
Найман эне. Жок!.. Жок!.. Жалгызымды бошотмоюнча кетпеймин!
Жолоочу. Уулуңуз мындан ары найман болбойт, байбиче! 
Найман эне. (Каарданып) Антип айтпа, жолоочум, антип айтпа!.. Уулум найман!.. Атасы Дөнөнбай!.. Энеси менмин!..
Жолоочу. Байбиче, уулуңуз акылынан айнып калды!.. Дилин жуан — жуандарга берди!.. Көрбөй турасызбы?!. Туйбай атасызбы?!.
Найман эне. Жок!.. Ишенбейм!.. Ишенбейм!.. Жоломаным!.. Каралдым!.. Акылынан айныбайт!.. Эсин маң басса – убактылуудур! Акыры бир күнү келет эсине! Келет!.. Минтип калбайт, түбөлүк!.. Эл – жерин, ага — тууганын көргөндө эле акылына кирет!.. 
Жолоочу. Уулуңуз эми сизди тааныбайт, байбиче!.. 
Найман эне. (Нааразы боло) Сөзүң жаман, сенин, жолоочум, сөзүң жаман!.. Өңгөсүн унутса да, атасын кантип унутсун, уулум!.. Энесин кантип унутсун, кулунум!.. Унутпайт, атасын!.. Унутпайт, энесин!.. Энесин эч ким унутпайт!.. Эч ким!.. Мен ишенем!.. 
Жолоочу. (Жаны күйүп) Эне болгон үчүн гана ушинтип айтып атасыз, байбиче!..
Найман эне. (Ачуусу келип) Болду, жетишет, жолоочум!.. Мындан ары менин жолумдан чыкпа!.. Жолобо, мага!.. Сенин ачуу сөздөрүңсүз да жетишет, жанымдын кейигени!.. Мен сага ишенбейм!.. Мен өзүмдүн энелик туюмума ишенем!.. А менин туюмум боюнча — уулум эсине келет!. Мени ээрчип, элине кетет! Ошондой болот, жолоочум!.. А сен экөөбүз мындан ары кездешпей эле койгонубуз оң. Кайыр, кош, жолоочум!.. (Тигилердин артынан акмалап жөнөдү).
Жолоочу. (Кейиш менен) Аттиң, аттиң… Жомогумду бир жолу угуп койсоңуз болмок… бтр эле жолу… (Үшкүрүп) Тагдырдын жазганы ушул турбайбы, көрсө… Капырай, жамандыкты болтурбай койчу күч жокпу?!. (Асманга карап) Эмне мынча чырылдайсың, ак куш?.. Эми сенин чырылдаганыңды ким угат?!. Кимге кереги бар?!. (Илкий басып сапарын улап кетти).

Жетинчи сахна

Түн. Капка салынып, моюндары гана чыккан туткундар ар кайсы жерде томпоюп – томпоюп уктап атышты. Эки жуан – жуан гана уктабай күзөт күзөтүп турушуп, алар да бир аздан кийин үргүлөй башташты. Анан жуан – жуандар да уйкуга киришти. 
Кыйладан соң жыла басып Найман эне келди, туткундардын жанына. Ал томпоюп – томпоюп уктап атышкан туткундарды колу менен сыйпалап, уулун издеп жүрдү.
Найман эне. (Шыбырап) Жоломан, балам!..
(Туткундардын эч кимиси жооп берген жок).
Найман эне. (Дагы шыбырап) Жоломан, уулум!..
(Бул жолу да туткундардын эч кимиси жооп берген жок). 
Найман эне. (Шыбырап) Жоломан, кулунум!..
(Бул жолу да туткундардын эч кимиси үн каткан жок).
Найман эне. (Бүшүркөп) Э, кокуй, уулум кана?!. Бир нерсе болгонбу, ага?!. Бир нерсе кылып коюшканбы, уулумду?!. (Туткундарды кайра сыйпалап) Жоломан, кайдасың, балам?!.
(Туткундардын эч кимиси жооп берген жок).
Найман эне. (Бушайман болуп) Караңгыда тааный албай атпайымбы. Кап… (Туткундарды дагы сыйпалап) Уулум, барсыңбы? Үн катып койчу, кулунум!..
(Туткундардын бирөө да үн каткан жок).
Найман эне. (Айласы кетип) Кагылайын, балам!.. Барсыңбы, деги?!.
(Туткундар дагы эле унчугушкан жок).
Найман эне. (Айласы ого бетер кетип) Тирүүсүңбү, уулум?!.
(Туткундар дагы эле унчугушкан жок).
Найман эне. (Айласы ого бетер куруп) Эми эмне айла кылам?!. Кантип табам, сени?!. Жоломан, уулум!.. 
(Туткундардын эч кимиси унчуккан жок).
Найман эне. (Аргасы ансайын кетип) Кагылайын балам, үн катып койчу!.. Угузуп койчу, үнүңдү!.. 
(Туткундар дагы эле унчугушкан жок).
Найман эне. (Айласы ого бетер куруп) Э, кокуй, эми эмне кылчумун?!. Ушунча күн сандалып жүрүп, бир паста колумдан куштай кылып чыгарып ийдимби, сени?!. Уулум!.. Амансыңбы, деги?!. Кайдасың, сен?!. Эми эмне кылчумун?!. Эми эмне кылчумун?!. (Эмне кылаарын билбей туткундардан алыстай баштады.
Туткундар томпоюп – томпоюп уктап жатышты. Бир аздан соң жоокер кыз кирди да, дүңгүрөтүп добулбас ура баштады. Туткундар да, жуан – жуандар да орундарынан ыргып – ыргып турушту).
Жоокер кыз. (Бакырып) Душман аралап жүрсө араңарды, жатасыңар, былк этпей!.. Жайлап кетсе эмне болот, баарыңды?!. Байлап кетсе, эмне болот?!. Союп кетсе эмне болот, бирөөңдү калтырбай?!. 
(Туткундар элеңдешип эки жагын карашты).
Жоокер кыз. (Найман эне кеткен тарапты колу менен көргөзүп) Тигине, душман! Көрдүңбү?!
Жоломан. (Кыжына) Көрдүм!
Жоокер кыз. (Өкүм) Ал кантип келди биякка?!
Жоломан. (Кыжынып) Кууланып, амалга салып, жыла басып!..
Жоокер кыз. (Өкүм) Эмне кылат эле, душман?!
Жоломан. (Кыжынып) Бал тилге салмак!..
Жоокер кыз. (Өкүм) Анан?!.
Жоломан. (Кыжынып) Жойпуланмак!..
Жоокер кыз. (Өкүм) Анан?!.
Жоломан. (Кыжынып) Чекеден сыламак!..
Жоокер кыз. (Өкүм) Анан?!.
Жоломан. (Кыжынып) Колтукка бычак саймак!
Жоокер кыз. (Өкүм) Эмнеге келди, душман?!.
Жоломан. (Кыжынып) Бизди жайлаш үчүн!.. 
Жоокер кыз. (Өкүм) Дагы?!
Жоломан. (Кыжынып) Башыбыздагы ширини чечиш үчүн!..
Жоокер кыз. (Өкүм) Анан?!.
Жоломан. (Кыжынып) Анан, малыбызды тартып, жерибизди басыш үчүн!..
Жоокер кыз. (Өкүм) Душманды эмне кылыш керек?!.
Жоломан. (Кыжынып) Дароо жайлаш керек!..
Туткундар. (Бир ооздон) Душманга өлүм!!!
Жоокер кыз. (Бакырып) Найманга өлүм!
Туткундар. (Бир ооздон) Найманга өлүм!!!
(Ошол учурда, айдын жарыгында жуан – жуандар сөлөкөттү кое коюшту, туткундардын маңдайына).
Жоокер кыз. (Чаңырып) Өлтүргүлө, душманды!..
(Туткундар каптын ичинде жыгылып – турушуп, сөлөкөттү көздөй жаалдана жөнөштү да, жетип барышып аны баштары менен ары– бери сүзгүлөшүп, тиштегилешип атышты. Жоокер кыз менен жуан – жуандар алардын кылыгын маашырлана карап турушту.
Ошол маалда Найман эне келип калды, аяр басып).
Найман эне. (Жүрөгү сыздап) Уулумдун үнүн тааныдым. Ушулардын арасында экен. Эмне үчүн анда жооп берген жоксуң, балам?.. Энеңди тааныбай калдыңбы, караңгыда? Энеңдин өзүн тааныбасаң да, үнүн таанышың керек эле го, кулунум?!. Сага эмне болду?!. Кантип энеңди тааныбай койдуң, каралдым?!. (Кичине тынымдан соң) Э, кокуй, баякүнтөн бери, Кудайга үнүң жете, чучуктай чыңырып атып, же чын эле акыл – эсиңден ажырап калдыңбы, уулум?!. Жок!.. Жок!.. Кудай андайдын бетин ары кылсын!.. Ары кылсын!.. (Жүзүн жаш жууп) А кокус ошентип калсаң!.. Аргам барбы, чарам барбы!.. Балам!.. Баары бир, сен менин баламсың!.. Кулунумсуң!.. Каралдымсың!.. Жоломаным!.. Алда курган балам, ай, куурадың го, кулунум!.. (Элечегинин учу менен жашын аарчыды да, тигилерди акмалап обочо басып кетти).

Сегизинчи сахна

Ошол эле түнү. Бир аз гана убакыт өткөн. Белдерине чейин каптан чыгышкан туткундар колдоруна кылыч, найза алышып жан аябай бир кишидей машыгып атышты. Аларды машыктырып аткан жоокер кыз. 
Жоокер кыз. (Бакырып) Сайгыла, душманды! Сайгыла, найманды!
Туткундар. (Жаалдана бир кишидей бакырышып) А – а – а!!! (Бир кишидей болуп барып, туш — тушту жан аябай сайгылап киришти).
Жоокер кыз. (Бакырып) Кылычтап туурап таштагыла, душманды! Найманды!
Туткундар. (Сайгандарын токтото салышып кылычтарын жалаңдатышып, жаалдана көрүнгөн жакты чапкылап киришти) А – а – а!!! А – а – а!!! А – а – а!!!
Жоокер кыз. (Кыйкырып) Болду!.. 
(Туткундар машыкканын токтотушту).
Эми, уктагыла! Сак уктагыла! Душман жойлоп кирсе тубай калбагыла дагы! Дароо тура калып, жайлагыла! Түшүндүңөрбү?!
Туткундар. (Бир ооздон) Түшүндүк!
Жоокер кыз. (Жоломанга) Билесиңби, төөнү эртең сен кайтарасың, кезек сеники.
Жоломан. Билем, мен кайтарам, кезек меники.
Жоокер кыз. Кокус, түлкүдөй жойпуланып, ар түркүн амалга салып, аста сүйлөп, аяр басып душман келсе эмне кыласың?
Жоломан. (Кыжына) Дароо өлтүрөм!
Жоокер кыз. (Өкүм) Кылчактабай дароо өлтүр! 
Жоломан. (Кыжынып) Кылчактабай дароо өлтүрөм!
Жоокер кыз. (Өкүм) Кичине эле кылчактасаң, душман башыңдагы шириңди сыйрып алат!.. Анан башыңдан кочкул кан кетет!..
Жоломан. (Кыжынып) Кылчактабайм!.. Көрөөр замат өлтүрөм, душманды!
Жоокер кыз. (Өкүм) Найманды!
Жоломан. (Кыжынып) Найманды! 
Жоокер кыз. (Жуан — жуандарга, өкүм) Буугула, кайра! 
(Жуан – жуандар туткундарды дароо кекиртектерине чейин каптарына киргизишип, бууп ийишти. Туткундардын каптан моюндары гана чыгып калышты).
Жоокер кыз. (Кыйкырып) Душманга өлүм!
Туткундар. (Бир ооздон) Душманга өлүм!!!
Жоокер кыз. (Бакырып) Найманга өлүм!
Туткундар. (Бир ооздон бакырышып) Найманга өлүм!!!
Жоокер кыз. (Жуан — жуандарга) Жанагы кемпир кайра келсе (Жололманды колу менен көргөзүп) тээтигини дароо ойготкула да, кабынан чыгарып, колуна курал бергиле! Кокус, уктачу болсоңор, көзүңөрдү оюп коем!
(Жуан – жуандар жанталаша жүгүнүп ийишти).
Мен барып эс алам. Себеби жок тынчымды албагыла! (Обочо басып, көрүнбөй калды. 
Эки жуан – жуан тирмейип туткундарды күзөтүп калышты. Бир аздан соң алыстан үрүл – бүрүл Найман эне көрүндү, туткундарды акмалап жүргөн. Жуан – жуандар дароо демдерин ичине алышып, Найман энени аңдып калышты. Найман эне бир нерсени сезгенден бетер обочо басып кетти да, көрүнбөй калды).

Тогузунчу сахна

Эртеси. Жоломан колуна таяк алып төө кайтарып жүргөн. Аңгыча алыстан аяр басып акмалап келаткан Найман эненин карааны көрүндү.
Найман эне. (Аяр) Уулум!.. Жоломан!..
Жоломан. (Эки жагын кыжына карап) Душман?!.
Найман эне. (Аяр) Уулум!.. Жоломан!..
Жоломан. (Таягын белендеп) Душман?!.
Найман эне. Балам!.. Бул мен, энеңмин!..
Жоломан. (Найман энени көрө сала жаалдана таягын булгалап, чабууга даярданып калды) Жолобо, душман!.. Өлтүрөм!..
Найман эне. (Аяр) Ай, балам, бул мен, тааныбай атасыңбы?.. Энең эмесминби?.. Жоломан!..
Жоломан. (Чабууга даярданып) Жакындаба!.. Өлтүрөм!..
Найман эне. (Мээримдүү) Уулум!.. Бул менмин – апаңмын!..
Жоломан. (Кыжынып) Менин апам жок!..
Найман эне. (Аяр, жалбарып) Кой, балам, антип айтпа!.. Сенин апаң менмин!..
Жоломан. (Таягын белендеп) Сен душмансың!.. Жолобо!..
Найман эне. (Жалбарып) Жоломан!.. Балам!.. Демиңди бас, уулум, демиңди бас!.. Ачууңду тый, жай сүйлөшөлү.
Жоломан. (Таягын ыңгайлап, чабууга даярданып) Бал тилге салба!.. Душман!..
Найман эне. (Жоошутууга аракеттенип) Балам, мен сага кантип душман болоюн?!. Мен – апаңмын!.. 
Жоломан. (Таягын көтөрүп) Душмансың!.. Амалданба!..
Найман эне. (Жалбарып) Балам, эсиңе келчи, каралдым!..
Жоломан. (Таягын асмандата көтөрүп, күүлөп туруп чабууга беленденди) Кууланба!.. Душман!.. Кет!.. Кет!..
Найман эне. (Ого бетер жалбарып) Уулум, бул менмин го, энеңмин го!.. Мына, жакшылап карачы, мени!..
Жоломан. (Таягын күүлөп) Жогол!.. Жогол!.. Душман!..
Найман эне. (Аргасы кетип) Жок дегенде атыңды билесиңби, балам?!.
Жоломан. (Таягын андан да катуу күүлөп, чапмакчы болду) Атым – жуан – жуан!.. А сен душмансың!..
Найман эне. (Аргасы түгөнүп) Сенин атың – Жоломан!.. Атаң Дөнөнбай койгон, атыңды!.. Уулум!..
Жоломан. (Таягын энесине кезеп) Мен жуан – жуанмын!.. А сен душмансың!..
Найман эне. (Айласы кете жалбарып) Алар сени алдап атышат, балам!.. Сен жуан – жуан эмессиң— наймансың, кулунум!.. 
Жоломан. Найман?!. (Селт эте түштү да, таягын ого бетер асмандата күүлөп, бакырып) Найман – душман!.. Найман – душман!.. 
Найман эне. (Аргасы куруп) Эмне деп атасың, каралдым?!. Эсиңе келчи, балам!.. Эсиңе келчи, Жоломан!.. Найман сага душман эмес, сенин урууң!..
Жоломан. (Ызырынып) Найман – душман!.. Найман – душман!.. Кет!.. Ке – ет!..
Найман эне. (Аргасы ансайын куруп, көзүнөн салаа – салаа жаш кетип) Сенин атаң – найман!.. Дөнөнбай!.. Балам!.. 
Жоломан. (Таягын энесине мээлеп, ыңгайын келтире албай атты) Найман – душман!.. Найман – душман!.. (Тап берип) Жого – ол!.. Жого –ол!..
Найман эне. (Аргасы куруп, жашы ансайын токтобой атты) Балам!.. Эсиңе келчи, каралдым!.. Алдыкы башыңдагы ширин алып ыргытчы!..
Жоломан. (Бакырып) Душман!.. Душман!.. Ширини алсам, башымдан кочкул кан кетет!.. Башымдан кочкул кан кетет!..
Найман эне. (Жанталаша, бышактап) Кан кетпейт, уулум!.. Эсиңе келесиң!.. Шириңди алып таштачы!.. Шириңди сыйрып таштачы!.. Балам!..
Жоломан. (Таягы менен энесин урууга даярданып калды) Кочкул кан кетет!.. Кочкул кан кетет!.. Душман!.. Душман!..
Найман эне. (Аргасы түгөнүп боздоп ийди) Алда курган балам, ай!.. Эми эмне кылчумун?!. Эми эмне айла кылчумун?!. Эстечи, каралдым!.. Мен сенин эмчек сүтүн берип өстүргөн энең эмесминби?!. Найман энең эмесминби!..
Жоломан. (Чок баскандай секирди) Найман – душман!.. Сен душмансың!.. Найман!.. (Тажаалдана бакырып барып, таягы менен Найман энени аеосуз койгулакка алып ийди).
Найман эне. (Жаш аралаш жалынып — жалбарып) Жоломан!.. Кулунум!.. Эмне кылып атасың?!. Өз энеңди да ушинтесиңби, кокуй?!. Эсиңе кел, Жоломан!.. Уулум!.. (Бети – башы бир паста канжалап чыкты.
Ошол учурда жоокер кыз капка буулган туткундарды айдап жетип келди).
Жоокер кыз. (Жоломанга бакырып) Өлтүр!.. Өлтүр, алыкыны! 
Жоломан. (Тажаалданып) Өлтүрөм!.. Өлтүрөм!.. (Найман энени башы – көзгө койгулап, жанчып атты).
Найман эне. (Кыңылдап) Жоломан!.. Уулум!.. Бул эмне кылганың?!.
Жоокер кыз. (Тажаалданып) Өлө элек, душман!.. Өлө элек, душман!.. (Жонундагы жаасын алып Жоломандын колуна кармата салды) Ме!.. Жайла!..
Туткундар. (Бир ооздон бакырышып) Жайла!!! Жайла!!!
(Жоломан жааны колуна алып, обочо чуркап барып энесин мээлеп калды).
Найман эне. (Жанталаша колун сунуп) Жоломан!.. Уулум!.. Эмне кылган атасың?!. Алданба!.. Алданба!.. Антпе, кокуй!.. Өз энеңди өлтүрөсүңбү, каралдым?!..
Жоокер кыз. (Бакырып) Ат!.. Ат!..
Туткундар. (Бир ооздон бакырышып) Ат!!! Ат!!!
Найман эне. (Жанталашып) Жоломан!.. Балам!.. Мен сенин энеңмин!.. Сен наймансың!.. Атаңдын аты – Дөнөнбай!.. Уулум!..
Жоокер кыз. (Бакырып) Бул найман!.. Бул душман!..
Туткундар. (Бир ооздон) Бул найман!!! Бул душман!!!
(Жоломан дароо жааны тартып ийди. Жебе зыркырап учуп келип Найман эненин көкүрөгүнө кадалды).
Найман эне. (Болгон күчүн үрөп, бир колу менен жебени кармап) Балам!.. Кулунум!.. Сенин атың – Жоломан!.. Атаңдын аты – Дөнөнбай!.. Урууңдун аты – найман!.. Мен сенин энеңмин!.. Энеңмин!.. (Былк этпей жатып калды. Аңгыча шуулдап куюн келип, Найман эненин башындагы элечекти учуруп жөнөдү. Элечек бир заматта ак кушка болуп тигилердин төбөсүндө айлана баштады. Ак куш кейиштүү үн менен тынымсыз сайрап кирди).
Ак куштун үнү. Балам!.. Кулунум!.. Сенин атың – Жоломан!.. Атаңдын аты – Дөнөнбай!.. Урууңдун аты – найман!.. Мен сенин энеңмин!.. Энеңмин!..
(Ээн талаада энесин өлтүргөн Жоломан, атын унуткан найман туткундар, жоокер кыз, жуан – жуандар бирде шейит кеткен Найман энени тиктеп, бирде асмандагы ак кушту тиктешип үрөйлөрү учуп катып турушту. Ошол учурда илкий баскан жолоочу көрүндү. Ал тигилерди аралап келип, Найман эненин жанына чөк түшө олтурду). 
Жолоочу. (Үнү буулуп) Менин, айтылбай калган, адамдын үрөйүн учурган жомогум ушул болчу…


Бүттү

25-30 — май, 2008 — жыл


© Кулмамбетов Ж.О., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 12964