Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Жаныш Кулмамбетов, 2019. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2020-жылдын 16-майы

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Алай жолборсу

(Тарыхый драмалык версия)

 

КАТЫШУУЧУЛАР:

Алымбек-датка.

Камчыбек.

Курманжан.

Малляхан.

Худаяр-хан.

Нөөкөр.

Алымкул-бий.

Мусулманкул-аталык.

Жангарач-бий.

Кулубай.

Балыкооз манасчы.

Канаат-шаа.

Курманжандын чабарманы.

Надзиратель.

Тилмеч Момункул.

Капитан Иван Новиков.

Ат баккыч.

Эшик ага.

Конвоирлер.

Баатырбек.

Чабарман сарбаз.

Тыңчы жигит.

1-жүз башы.

2-жүз башы.

3-жүз башы.

Чач тарач.

Жарчы.

Булардан тышкаары эл, жигиттер, сарбаздар ж. б.

 

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Биринчи сахна

Түн. Оштун түрмөсү. Бүлбүл жарык тийген кууш коридор менен карабин асынышкан эки конвоир менен орус надзиратели (көзөмөлдөөчү) шашыла келишип, кыдыракей эшиктердин бирининин маңдайна токтошту.

Биринчи конвоир. (Надирзателге карап) Говорят он очень опасный преступник?

Надзиратель. (Кыжырлуу) Бунтовщик! Хочет реставрировать Кокандское ханство! (Жек көрүү менен) Сошелся с англичанами!

Экинчи конвоир. (Надирзателге карап) При чем тут англичане?

Надзиратель. (Жаман көзү менен экинчи конвоирди жактырбай карап) Великобритания хочет отобрать у нас Средную Азию! Понятно, теперь?!

Экинчи конвоир. (Надирзателге карап) А при чем тут Кокандское ханство?

Надзиратель. (Бурк этип) Эй, Башка!.. Кокандское ханство станет главным протекторатом Англии, в Средней Азии!

Биринчи конвоир. (Эшик тарапты кыжырлуу тиктеп) Ну, сволочь!

Надзиратель. (Нааразы боло) Эй, эй... осторожно, с выражением! Он сын очень знатных людей. Сам тоже не менее знатный господин.

Биринчи конвоир. (Кекээрлей, кекиртегине колунун кырын тактап) Завтра будет каюк, вашему “знатному господину”.

Надзиратель. (Өкүм) Тем не менее! Это будет завтра. А сегодня, прошу уважения!  (Надзиратель белине байланган топ ачыкычты шалдырата көтөрүп, килейген оор кулпуга салып бурады да, эшикти качырата ачты.

Надзиратель. (Камеранын ичине баш багып, өкүм) Камчибек Алимбеков, на выход!

(Камеранин ичнен сакал-муруту өсүп, өңү азыңкы  тартып калган, колу-бутуна кишен салынган жакасы жок аппак мата көйнөкчөн жаш жигит чыкты. Ал Камчыбек болчу).

Надзиратель. (Камчыбекке карап катаал) Лицом к стене! К стене!

(Тигинин эмне деп айтып атканын түшүнбөй, бүшүркөп турган Камчыбекти конвоирлер жулкулдатышып, дароо маңдайы менен дубалга жабыштыра каратып тургузушту. Надзиратель эишикти кандай ачса, дал ошондой качырата кайра жаап, ачкычты бурап, кулпулады).

Надзиратель. (Камчыбекти алдыны өздөй түртүп) Впередь!..

(Надзиратель алдыга түшүп, эки конвоир Камчыбекти узун коридор менен алдыларына айдап жөнөштү. Камчыбек кишендерин шалдыратып илкий басып баратты). 

Экинчи сахна

Сурак өтүүчү бөлмө. Бөлмөдө сүлгүсүн, кумган менен дагарасын даярдап чач тарач турду. Жанында тилмеч Момункул менен капитан чининдеги  Иван Новиков. Надзиратель баштаган Камчыбекти эки конвоир бөлмөгө айдап киришти.

Надзиратель. (Капитан Иван Новиковго честь берип) Господин капитан. По вашему требованию осужденный Камчибек Алимбеков доставлен.

Капитан Иван Новиков. Спасибо, вы свободны.

(Надзиратель шарат аркасына бурулуп чыгып кетти, анын соңунан эки конвоир эки бурчка барып какайып туруп калышты).

Тилмеч Момункул. (Камчыбекке бөжөңдөп жетип келди) Орундукка олтуруңуз.

(Камчыбек орундукка олтурду. Чач тарач дароо Камчыбектин бетин самындап ийди да, анан кайыш курду алып чыгып устарасын жана баштады).

Камчыбек. (Момункулга) Бул эмне кылган атат?

Тилмеч Момункул. (Бөжөңдөп) Сакал-мурутуңузду алат.

Камчыбек. (Момункулга) Эмнеге?

Тилмеч Момункул. (Бөжөңдөп буйдала түштү) Эми...

Камчыбек. (Маанайы салыңкы) И-и... түшүндүм... Мени даргага асууга даярдаган атышкан турбайбы.

Тилмеч Момункул. (Буйдалып) Сиз кичинкей бала эмессиз... аны эң сонун түшүнүп турасыз да. Бирок, сиз... чыныңызды айтсаңыз... (Новиковго суроолу карап калды).

Капитан Иван Новиков. (Камчыбектин маңдайына келип, Момункулга) Скажи ему, что у него есть шанс остаться в живых, если выложит нам всю правду.

Тилмеч Момункул. (Камчыбекке) Эгер буларга болгон чындыкты айтсаңыз, тирүү калышыңыз мүмкүн экен.

Камчыбек. (Момункулга) Эмне чындыкты?

Капитан Иван Новиков. (Камчыбекке тике карап) Господин Алимбеков, вы с первого дня  твердите, что оружие которое вы перевезли через Афгано-Российскую границу, были предназначены только для охоты. Так?

Тилмеч Момункул. (Камчыбекке) “Господин Алымбеков, сиз биринчи күндөн тартып эле айтып атасыз, сиз Афган-Орус чек арасынан алып өтүп келаткан курал мергенчилик үчүн болчу” деп. Ушундайбы?

Камчыбек. (Кабагын чытып) Ошондой.

Тилмеч Момункул. (Новиковго) Так.

Капитан Иван Новиков. (Камчыбекке тике карап) Но, господин Алимбеков мы распологаем  очень достоверными разведданными, что вас завербовала английская разведка.

Тилмеч Момункул. (Камчыбекке) “Бирок, господин Алымбеков, бизде, сизди англиялык чалгындоо өз тарабына тартып алган деген, өтө ишенимдүү чалгындоо маалыматтары бар”.

Камчыбек. (Кабагын чытыган калыбында) Эмне деп атканыңызды түшүнгөн жокмун?

Тилмеч Момункул. (Новиковго) “Я не понимаю, о чем вы говорите”.

Капитан Иван Новиков. (Камчыбекке тике караган калыбында) Это вопрос вашей жизни и смерти, господин Алимбеков. Подумайте. От вашего чистосердечного ответа зависит ваша жизнь.

Тилмеч Момункул. (Камчыбекке) “Бул сиздин өмүрүңүз менен өлүмүңүзгө байланышкан. Жакшылап ойлонуңуз. Сиздин өмүрүңүз, сиздин чын ниетиңизден берген жоопторуңузга байланыштуу”.

Камчыбек. (Кабагын чытыган калыбында) Сураңыз.

Тилмеч Момункул. (Новиковго) “Спрашивайте”.

Капитан Иван Новиков. (Камчыбекке тике караган калыбында) Нам достоверно известно, что Англия хочет реставрировать Кокандское ханство, во главе с вами.

Тилмеч Момункул. (Камчыбекке) “Биз так билебиз, Англия сизди Кокон хандыгына хан көтөрүп кайрадан калыбына келтирген атканын”.

Камчыбек. (Кабагын чытыган калыбында) Анан?..

Тилмеч Момункул. (Новиковго) “Дальше”.

Капитан Иван Новиков. (Камчыбекке тике караган калыбында) Поэтому вы закупали оружие, чтобы подготовить  вооруженное восстание.

Тилмеч Момункул. (Камчыбекке) “Сиз ошон үчүн курал топтоп, куралдуу көтөрүлүшкө даярданып аткансыз”.

Камчыбек. (Кабагын чытыган калыбында) Айта бериңиз.

Тилмеч Момункул. (Новиковго) “Продолжайте”.

Капитан Иван Новиков. (Шердене) Нам надо точно знать:  кто входит в ваше ближайшее окружение, т.е. кто ваши соратники, сколько имеете стволов, какие виды оружия еще имеете, приблизительное количество боевого ополчения. 

Тилмеч Момункул. (Камчыбекке) “Биз так билишибиз керек: сиздин эң жакын жан-жөкөрлөрүңүз кимдер, канча мылтыгыңар бар, куралдын дагы кандай түрлөрү бар, силерде, көтөрөлүшкө чыкчулардын божомолдуу саны канча?”

Камчыбек. (Кабагын чытыган калыбында) Бүттүбү сурооңор?

Тилмеч Момункул. (Новиковго) “Других вопросов нет?”.

Капитан Иван Новиков. (Камчыбекке тик карап) Это основные вопросы.

Тилмеч Момункул. (Камчыбекке) “Эң негизги суроолор ушулар”.

Камчыбек. (Кабагын чытыган калыбында) Түшүнүдүм, максатыңарды. Эгер силер айткандай болгон күндө да, баары бир мен силерге эч нерсе айтпайт болчумун. Башка айтаарым жок. Баардык жообумду тергөө учурунда бергем.

Тилмеч Момункул. (Новиковго) «Я понял вас. Если даже будет так, как вы пологаете, все равно я ничего не сказал бы вам.  Больше мне нечего добавить. Все что надо было, я ответил на допросе».

Капитан Иван Новиков. (Камчыбекке ындыны өчө  карап) Вам не дорога ваша жизнь?

Тилмеч Момункул. (Камчыбекке) “Сизге өз өмүрүңүз кымбат эмеспи?”.
Камчыбек. (Кабагын чытыган калыбында) Мен атанын уулумун. Башка сөзүм жок.

Тилмеч Момункул. (Новиковго) «Я сын своего отца. Больше нет у меня слов».

Капитан Иван Новиков. (Камчыбекти аяй  карап, маанайы пас ийнин куушуруп) Я уважаю ваш выбор. (Паузадан кийин) Я сказал бы, достойный выбор.

Тилмеч Момункул. (Камчыбекке) “Сиздин тандооңузду сыйлаймын. Тандооңуз өтө татыктуу тандоо деп айтаар элем”.

(Камчыбек унчуккан жок).

Капитан Иван Новиков. (Чач тарачка) Готовьте. (Тилмечти ээрчитип чыгып кетти.

Баятан бери устарасын кайышка жанып аткан чач тарач унчукпай Камчыбектин сакал-мурутун алууга киришти).     

Үчүнчү сахна

Түн. Түрмөнүн камерасы.Камчыбек кишенинин шылдыратып далайга чейин ары-бери басып жүрдү да, анын тактанын үстүнө олтуруп, буттарын бүгүп, ойго чөмүлүп калды. Кулагына бир туруп жайдары ыр, бир туруп мылтыктардын тарсылдаганы, аялдардын чыңырганы, наристелердин ыйлаганы угулуп атты.

Камчыбек. (Күбүрөнүп) Өмүр кандай таттуусуң ээ, чиркин!..

(Капысынан камеранын бир бурчу үрүл-бүрүл жарык боло түшүп, быжыгыр кара сакалчан, башында суусар бөркү бар, бүркүт кабак Алымбек-датка пайда болду).

Алымбек. Эртеңкиңи ойлоп сарсанаа болуп атасыңбы, балам? Коркуп атасыңбы?  

Камчыбек. (Улутунуп) Туңгуюк... туңгуюктан коркот экенсиң... Жашоо өтө кымбат, бирок, акыры, баары бир алтын башка бир өлүм тура, ата.

Алымбек. Шериктериңди эмне үчүн айткан жоксуң? Айтсаң алтын башың аман калмак.

Камчыбек. (Улутунуп) Ооба, ооба... Мен Алымбек-датка менен Курманжан-датканын уулу болсом!.. Кара башымды сактап, калгандарын булардын колуна салып берсем, менде абийир, жигиттик намыс калат беле, ата?!. “Алымбек-датка менен Курманжан-датканын уулу карабашыл жанынынан коркуп, сатып ийиптир” деген сөз, өмүр боюу бетиме чиркөө болбойбу!.. Эл-журттун бетин кантип карайт элем?!. Ошентип жаманатты болгондон көрө, өлгөнүм артык эмеспи, ата!..

Алымбек. (Баласын аяп) Кыйналып турасың, чайналып турасың, балам. Ойлон, өз өмүрүң баарынан кымбат. Жашсың!.. Өмүрүң алдыда эле, сенин!.. Тагдырың дагы эле өз колуңда. Али кеч эмес. Таң аткыча дагы көп бар.

(Пауза).

Камчыбек. (Башын чайкап) Жок!.. Жок!.. Андай ишке бара албайм!.. Бара албайм!.. (Ордунан турду, Алымбек-датканын маңдайына келди) Ата, сиздин башыңызды ажал тооруп турганда эмне кылчу элеңиз? Ошондой учурлар башыңызга түштү беле?

Алымбек. Түшкөн, түшкөн, далай жолу түшкөн. Менин өмүрүм бычактын мизинде, кылычтын кырында өттү да, уулум...

 

Төртүнчү сахна

Кокон хандыгынын ордосунун ат сарайы. Сыртта баш-аламан, кыйкырык-сүрөөн, чуру-чуу угулат. Ат баккыч, кыйкырык-сүрөөнгө кооптоно кулак салып, өзүнчө кобуранып, колуна айры алып, тосмодон артылта аттарга чөп салып атты. Арыраакта аттардын кошкурганы угулат.

Ат баккыч. (Жүрөксүнө) Кудай сактар көр!.. Кудай сактай көр!.. Хандын аттарын талоонго алып кетишип, мени шоройлотушпаса болду!..

(Ошол учурда ат сарайга куралчан киши жулунуп кирип келди. Ал Худаяр-хандын нөөкөрү болчу. Ат баккыч кулдук уруп ийди).

Нөөкөр. (Ат баккычка кыйкырып) Ыргыт айрыңды!.. Току хандын атын!.. Тез!..

(Ат баккыч айрыны ыргытып, ичкерини көздөй чуркады).

Нөөкөр. (Ат баккычтын артынан кыйкырып) Меникин да кошо току!..

(Аңгыча ат сарайдын дарабазасынан далбастап шашкан Худаяр-хан көрүндү. Колунда жалаңдаган кылыч. Жанында кылыччан эки сакчысы).

Худаяр-хан. (Шашкалактай, нөөкөргө) Ат баккыч кайда экен?!.

Нөөкөр. Аттарды токуп атат!..

Худаяр-хан. (Жанын коерго жай таппай) Тез, де!.. Тез де!.. Келип калышат, азыр!..

Нөөкөр. (Тосмонун кырына барып кыйкырды) Бүттүңбү?!.

Ат баккычтын үнү. Токуп атам!..

Худаяр-хан. (Сырт тарапка кулагын сала кекенип) Шашпа, Малля иним, өлбөсөм кайрылып келээрмин. Ошондо эсептешем, сени менен! Агаңын тагын тартып алган кандай болоорун ошондо көрөсүң!

Нөөкөр. (Ханын коштой чаап) Кайрылып келсеңиз, биринчи жанагы Алымбек даткаңыздын башын чаптырыңыз, ханым! Ошол немеңиз, Анжиян менен Алайдын элин көтөрбөгөндө, иниңиздин колунан келмек эмес, так талашуу.

Худаяр-хан. (Ызырынып) Ооба, аны билем! Кайрылып келсем, Алымбектин ажалы менден!..

Нөөкөр. (Ханына кошулуп ызырына) Мага коюңуз, ошондо, мен өзүм чаптырам, башын, батчагардын!

(Сырттагы чуру-чуу жакындагандан жакындап келатты).

Худаяр-хан. (Чыдамы кетип, нөөкөрүнө) Бүттүбү, эмне мынча ымтырайт, ыя?!. Азыр кирип келишет!..

Нөөкөр. (Тиги тарапка карап дагы кыйкырды) Бүттүңбү?!. Хан күтүп калды!.. 

Ат баккычтын үнү. Басмайылын тартып атам!..

Нөөкөр. (Тиги тарапка карап) Хан биякта!.. Алып кел, тез, жетелеп!..

(Кыйкырык-сүрөөн улам күчөп, жакындап келатты).

Худаяр-хан. (Эшик тарапты кылчайтай карап, алдастай, нөөкөргө) Бол, де!.. Келип калышты!..

(Ошол учурда колуна эки  чылбыр алган ат баккыч жүгүрүп келип калды. Ханды көрүп жүгүнүп ийди).

Ат баккыч. Мынакей, атыңыз даяр!..

(Худаяр хандын жан сакчыларынын бири ат баккычтын колунан чылбырды ала койду. Экинчи чылбырды нөөкөр алды. Худаяр хан алдастай атты көздөй шашыла басты).

Ат баккыч. (Кулдук ура) Ханым, жашыруун эшиктен чыгыңыз. (Колу менен башка тарапты көрсөттү).

Нөөкөр. (Ат баккычка) Чурка, ач өзүң!..

1-жан сакчы. (Нөөкөргө карап) Биз эмне минебиз?!.

Нөөкөр. Чекесинен мине бергиле!.. Жайдак болсо, дагы!..

(Ат баккыч ат сарайдын түпкүрүн көздөй чуркады. Жан сакчылар Худаяр-ханды коштоп, шашыла желе басышып, ат сайрайдын төрүнө өтүп кетишти. Нөөкөр байыр алып туруп калды. Кыйкырык-сүрөөн улам жакындап келатты. Аттардын кошкурганы, анан дүбүртү чыгып, алыстап кетти. Энтеңдеген ат баккыч нөөкөрдүн жанына чуркап келди).

Ат баккыч. (Кулдук ура) Атказдым!.. Чыгарып ийдим, жашыруун эшик менен. Сиз каласызбы?

Нөөкөр. Жок, хан менен кетем!.. (Өкүм) Мен аттангандан кийин тосмону ачып, аттарды сыртка айдап ий!.. Уктуңбу?!.

Ат баккыч. (Кулдук ура) Уктум!..

(Нөөкөр тосмонун артына чуркап өтүп кетти. Аттын дүбүртү алыстады. Алаңдаган ат баккыч шашыла тосмону чыгара баштады. Ошол учурда сырттан Алымбек датка баш болгон козголоңчулар жулунуп кирип келишти).

Алымбек. (Ат баккыча) Тарт!.. Тосмону ордуна кой!..

(Ат баккыч токтоп, тосмону ордуна кое баштады. Алымбек датка менен келгендер сарайдын ичин бир заматта тинтип ийишти).

Кулубай. (Ызырына) Качыптыр, падарыңа наалат!.. (Шашакалактап) Чабалы,  артынан!..

Алымбек. (Колун жаңсап токтото, башын чайкап) Изи эчак эле сууп калган тура. Анын үстүнө хандын күлүгүн кууп жете албайбыз.

Кулубай. (Шамшарын шарт сууруп алып, алаңдап турган ат баккычты кежигесинен жерге ныгыра басып, кекиртегине такады) Мобул неме качырды!.. Кекиртегин шалап иеин, иттин!..

Алымбек. (Жини келе кыйкырып) Тарт!.. Ушул карапайым ат баккычтан күчүңдү чыгарасыңбы, ыя?!.

Кулубай. (Шамшарын эси чыгып калчыладаган ат баккычтын кекиртегинен тартпай) Качырган ушул да!.. Алсын жазасын, ит!..

Алымбек. (Көзүнүн чаарын чыгарып) Бул кожоюнуна адал кызмат кылып, жанын багып жүргөн бечара!.. Тээтиги, бизди ээрчип келген, сырттагы толкуган калың букаранын бири!.. Тапкан экенсиң, өч ала турган кишини!.. Жайына кой!..

(Кулубай нааразы боло,  калчылдап аткан ат баккычтын кекиртегинен шамшарын алып, кынына салды. Ат баккыч тизилеп тура  калып, Алымбектин бутун кучактады).

Ат баккыч. (Алымбектин бутун бекем кучактаган бойдон ыйлап ийди) Ыраазымын, даткам!.. Ыраазымын!..

Алымбек. (Тигини колтугунан алып тургузду) Тур, тур, сенде айып жок. Андан көрө аттарды жакшылап кара. (Шарт-шарт басып ат сарайдын эшигин көздөй бет алды. Ээрчип келгендер анын артынан кошо кетишти).

Ат баккыч. (Алымбекти узата карап бышактай кобурап) Эл айткандай бар экен!.. Накта датка экен!.. Алай жолборсу!..

 

Бешинчи сахна

Кокон. Шаардын четиндеги талаа. Кылкылдап жыйылган эл уу-дуу болуп турду. Добулбастар тынымсыз урулуп, керней-сурнайлар бапылдап атты.

Жарчы. (Алыстан кыйкырып келатты) Жол бошошткула!.. Жол бошоткула!.. Бектер келатат!.. Даткалар келатат!..

(Эл тең жарыла берди. Кылкылдаган элди беттеп келаткан Алымбек көрүндү.  Артында Малля-ханзаада, бектер менен даткалар. Алардын артында ак кийиз көтөргөн жигиттер).

Эл. (Уу-дуу болушуп)

— Жаңы хан келатат!..

— Жаш хан келатат!..

— Малля-хан келатат!..

(Алымбек элди жиреп кирип келди. Келаткандар токтошту).

Алымбек. (Колун жайып, уу-дууну токтотуп, элге кайрылып) Журт! Элге карабай, кайрымсыз, ырайымсыз хан болгону үчүн, бей-бечералардын катарын көбөйтүп, жамы журтту жакырдантканы үчүн, бүгүндөн баштап Худаяр хан тактысынан ажырады. Өзү элдин каарынан, жазасынан араңдан зорго качып кутулду. Эми, качкан хандын оордуна, ак кийизге салып, ак тилек, ак ниет, илгери үмүт менен, адилеттүү сурак жүргүзгөн, элдин тагдырын, жердин  ойлогон хан болсун деп, хан тукуму Малля — ханзааданы  жаңы хан көтөрөбүз!..

Эл. (Дуулдап кетти)

— Жаңы хан!..

— Жаңы хан!..

— Жаңы хан!..

Алымбек. (Жигиттерге) Ак кийизди алып келгиле!..

(Ак кийизди көтөрүп келе жаткан жигиттер ак кийизди дароо алып жетип келишип, элдин алдына жая салышты. Эл ого бетер дуулдап, керней-сурнайлар баштагыдан да катуу тартылып жатты).

Алымбек. (Малля-ханзаадага) Ханзаадам, ак кийиздин үстүнө туруңуз!..

(Малля-ханзаада ак кийиздин үстүнө турду. Алымбек оролгон ак  чүпүрөктү жасып хан таажыны алып чыгып Малля-ханзадаанын башына кийгизди).

Алымбек. Сизди Хызыр даарып, Кудайым өзү колдосун! (Элге карап өкүм кыйкырып) Хан көтөр!.. Хан көтөр!.. Хан көтөр!..

(Жигиттер Малля-ханзаада салынган ак кийизди төбөсүнө көтөрүштү).

Эл. (Ого бетер дуулдап)

— Малля-хан!..

— Малля-хан!..

— Малля-хан!..

Алымбек. (Колун бооруна алып Малля-ханга жүгүнө) Таксырым, сиз адилет, кайрымдуу хан болсоңуз, биз сизге чын ниетинен берилген, ак тилектүү букараларыңыз болобуз! (Бир тизесин бүгүп, камчысына таянып, жүйүртө басты. Эл Алымбекти көрүп жапырт жүйүртө басып олтура калышты. Малля-хан турду чекесинен бактысы төгүлүп, элди кыдырата карап).

Алымбек. (Кайра шарт тура калып, жигиттерге) Ордого алып жөнөгүлө!

(Жигиттер тең жарылган элди аралып, Малля-ханды ордону көздөй алып жөнөштү. Алымбек баштаган бектер, даткалар, жигиттер жаңы хандын аркасынан кетишти).

Алтынчы сахна

Кокон ханынын сарайы. Хандын тагында Малля-хан. Бектер менен даткалар Малля-ханды тиктешеип, кыдыракей олтурушту. Хандын оң тарабында Алымбек датка, сол тарабында Алымкул бий.

Малля-хан. (Бектер менен даткаларга кыдыракей карап) Кеңешиңерди бергиле – такка олутргандагы биринчи амирим кандай болот?

 Алымкул-бий. (Сөздү аяр баштады) Таксырым, тактыга олтуруп, бийликти колуңузга алганыңыз менен, абал дагы эле кооптуу. Анткени, душманыңызды биротоло тындым кылган жоксуз. Душмандарыңыз ар кайсы коңулга кирип,  кезегин күтүп, бүк түшүп, бугуп калышты. Кокус, эртең эле кол курап келатат деп, агаңыздын шыбышы угулса, жылаанчасынан коңулдарынан кайра сойлоп чыгышып, ордону биринчи ошолор курчашат. Аны бөркүңүздөй көрө бериңиз.

 Малля-хан. (Муюшуп) Иншалла!.. Сөзүңүздүн жүйөөсү бар, бийим. Душман мыдыр эткенден бирди-жарымы калгыча кырылышы керек!

Бектер, даткалар. (Малля-ханды коштой жаалашып)

— Туура айтасыз, таксыр!

— Туура айтасыз!

(Бектер менен даткалар кужу-кужу болушуп кызуу талкуулай башташты).

Алымкул-бий. (Үнү өктөм чыгып) Таксырым, агаңызды колдогон, коргогондордун котур таштары коюндарында калды. Алардын мүлдө баарын зынданга салдырып, тындым кылчусун акырын шек-шыбаасын билгизбей тындым кылдырып, биротоло түбүнө жетип коюңуз. Душманды жоготмоюнча ишибиз оңолбойт. Биринчи амириңиз ушул болгону оң.

Бектер, даткалар. (Жаалап кетишти)

Алымкул-бийдин айтканы калетсиз!..

— Жазалаңыз, таксыр, кысталактарды!..

— Укумунан-тукумуна чейин, эси-көөнүнөн кеткис болушсун!..

(Бектер менен даткалар ого бетер кызуу талкуулай башташты).

Малля-хан. (Баятан унчукпай, кабагы салыңкы олтурган Алымбек-даткага кайрылып) Сиз эмне дейсиз, даткам?

Алымбек. (Ордунан акырын козголуп) Таксырым!.. Агайиндер!.. Мен мындай амирдин пайдасынан зыяны көп деп ойлоймун.

(Малля-хан селт этип чочуп кетти. Даткалар менен  бектердин баары дымый түшүштү, Алымкул-бий түнөрө түштү).

Малля-хан. (Сыр бербей) Уланта бериңиз, уланта бериңиз, даткам.

Алымбек. (Токтоо) Таксырым!.. Эгер сиз ошончо элди жоолоп зынданга салсаңыз, жазаласаңыз, алардын аркасында, багаар-көрөөрү жок калган, кары-картаң ата-энелери, жетим-жесирге айланган  үй-бүлөөлөрү, бала-бакыраларынын тагдыры эмне болот?..

(Баарыого бетер  тым-тырс болуп калды).

Алардын ата-энелери, үй-бүлөөлөрү, бала-бакыралары сиздин букараларыңыз эмеспи. Сиз ошол букараларыңызга кам көрөм, бакубат жашоосун, бакты-таалайын  камсыз этем,  коопсуздугун сактаймын деп, тактыга келбедиңизби, ханым. 

Малля-хан. (Муюша башын ийкеп) Ие, ие...

Алымбек. (Токтоо) Таксырым!.. Кечээ агаңызга кызмат этти эле, анын таламын талашты эле деп, ошончо кишини душман тутпай, кайра аларды бооруңузга тартканыңыз, сиздин акылмандыгыңыздын, акыйкаттыгыңыздын, айкөлдүгүңүздүн белгиси болот. Мартабаңыз артат, зоболоңуз көтөрүлөт.

 Малля-хан. (Алымбекти суроолуу тиктеп) Анан?.. Анан?..

 Алымбек. (Ошол калыбында) Таксырым!.. Биринчи  амириңиз, ошолорго мунапыс берүү болуш керек деп, ойлоймун. Биз бир эл, бир журтпуз, бизге баарынан ынтымак өтө кымбат.

(Бектер, даткалар Малля-хандын оозун тиктеп унчукпай күтүп калышты. Алымкул-бий кабагын түйүп, далысын улам-улам күйшөп, ойдолоктоп ийди).

Алымкул-бий. (Кызалаңдап Алымбекти беттеп) Даткам, сиз таксырды жолдон адаштырып атасыз! Жоо аяган жаралуу экенин билесизби?!

(Бектер менен даткалар Алымбекти карашты).

Алымбек. (Кызуулана) Жоо?!. Качантан бери өз элибиз өзүбүзгө жоо болуп калган?!. Улугум, жоо деп,  кадимки бала баатыр Курманбектин белин мертинткен, кыргызды кың эттирбей басып турган, төбөсүнөн кан агызып эзип турган калмактарды айтат! Жоо деп, арстан Манасты Чет-Бээжиндин капкасына алдап киргизип, кечирине айбалта чапкан кара кытай – манжуу Коңурбайды айтат!..

Малля-хан. (Кубаттап) Баракелде, баракелде, сөзүңүзгө, датка!..

Бектер, даткалар. (Коштой чаап кетишти)

— Калет жок!..

— Өз элибиз менен өзүбүз жоолошмок белек!..

— Тилиңе береке, датка!..

— Акылыңа баракелде, датка!..

Малля-хан. (Дароо эшик агага кайрылып) Жазыңыз!

(Баары тым-тырс болуп күтүп атышты. Эшик ага кагаз-калемин алып, жазууга даярданып калды).

 Малля-хан. Худаяр-хандын учурунда ордодо ага кызмат эткендерге, аны коргондорго, ага көрүнөө да, көмүскө да жан тартып, биздин ниетибиздин ишке ашышына куралдуу да, куралсыз да айгышкан каршылык көрсөткөндөргө карата, төмөнкүдөй амир чыгарамын. Жалпы эл-журтубуздун ынтымак-ырашкерлиги үчүн, мурдагы бийликти жактап бизге карата каршылык көрсөткөндөргө кечирим берилсин!

(Бектер, даткалар бир саам унчукпай олтурушту дагы, анан бир заматтаорундарынан жапырт тура калышып  дуулдап ийишти).

Бектер, даткалар. –Өтө акылман иш кылдыңыз, таксыр!..

— Көсөмдүк кылдыңыз!..

— Ылайым, башыңыздан бак кетпесин!..

— Жашаңыз!.. Жашаңыз!..

Жетинчи сахна

Түрмөнүн камерасы. Камчыбек менен Алымбек.

Камчыбек. (Ойлуу) И-и, эми түшүндүм, Алымкул-аталыктын эмне үчүн сизге душман болгонун. Ошондо сизге кек сактап калган экен да?

Алымбек. Ооба, ооба, андай кишилер бир да сөздү жаздым кетирбейт. Алымкул-бий өтө кыраакы, түлкүдөн куу, карышкырдан өткөн көк жал эле.

Камчыбек. (Эстеп) Ошентип далай айтчусуз, далай ирээт уккам. Сизге душман болгон кишини, жек көргөндүн ордуна эмне үчүн мынчалык баалайт деп таң калчу элем.

Алымбек. Жаман көргөн кишиң, сен жаман көргөндөн жаман болуп калбайт. Көйкашака болсо, сен жаман көрсөң да, жакшы көрсөң да, көйкашка бойдон кала берет.

Камчыбек. (Эстеп) Билем, билем, дайым ушинтип айтчусуз.

Алымбек. Чобур тулпар болбойт, качсаң -  узабайсың, куусаң жетпейсиң. А тулпар даакысы чубалып, кабыргасы саналып чобур болуп турса да,  жемин берип, курсагын тойгузсаң, күнчүлүк жерге талбай чуркайт, уулум. Анын сыңары, душманыңдын ким экенин, алы канчалык, акылы канчалык экенин билип, сыныңа толтуруп, баалай  билсең, ошондо сен утасың. Баалаганга кудуретиң жетпесе – утуласың, уулум.

Камчыбек. (Улутунуп, башын ийкегилеп) Далай айтчусуз,ушинтип...

 

Жетинчи сахна

Жайылып аккан суу жээгинде кыдыракей талдар өскөн кенен талаа. Малля-хан аң уулого чыккан. Жанында аны коштогон Алымкул-бий. Хан мылтыгы менен көктү көпкө чейин шыкаалап туруп, анан атпастан кайра тартып алды.

Малля-хан. (Борсулдап күлүп) Кутулуп кетти, батчагар. Ажалы жок экен. (Алымкул-бийге кайрылып) И-и, ошондой деңиз?

Алымкул-бий. (Башын ийкегилеп,эки жагына абайлап көз сала, акырын шыбырап) Ошондой, таксырым. Алымбек аркалык кыргыздар менен тил табышканына көп болуптур.

Малля-хан. (Адегенде чочуп кетти, анан кабагын түйүп Алымбекке астыртан карады) Максаты эмне экен?

Алымкул-бий. (Башын ийкегилеп,эки жагына абайлап көз сала, акырын шыбырап) Максаты... Аркалыктар менен биригип, Алай менен Анжыян, Ошту Кокондон бөлүп чыгып, өзүнчө мамлекет кылсам деген оюу бар. Сыртынан сыр бербегени менен, ал эзели сизге ниеттин салбайт, таксырым. Менин билишимче, мындай оюу тээ илгертен бери эле, Мадали-хан муну билимдүү экен, кандан-бектен кайра тартпаган курч экен деп ордого кызмат этүүгө алдырып алган учурдан эле башталган. Ошондон ушул кезге чейин оюнун баары ошондо.

Малля-хан. (Ойлуу кабагын түйүп) Иншалла!.. Анда эмне мага колдоо көрсөттү, өз колу менен башыма хан таажыны кийгизип, хан көтөрүп, тактыга олтургузду?

Алымкул-бий. (Дагы эле эки жагына абайлап көз сала, акырын шыбырап) Таксырым, өзүнчө мамлекет түзүп, Кокондон бөлүнүп чыгуу, бир заматта бүтчү оңой-олтоң иш эмес да. Ага убакыт керек, Кокондун колу менен кармаша турган күч, курал-жабдык  топтош керек.

Малля-хан. (Ойлуу кабагын түйгөн калыбында) Ооба, ооба, аныңыз ырас.

Алымкул-бий. (Дагы эле эки жагына абайлап көз сала, акырын шыбырап) Билесиз да, Ош козголоңун? Ошондо Алымбектин Коконго каршы чыкканы – Ош менен Алайды бөлүп кетүү максаты болчу да. Аны баарыбыз эле билчү эмес белек.

Малля-хан. (Ойлуу кабагын түйгөн калыбында) Ооба, ооба, андан кабарым бар.

Алымкул-бий. (Дагы эле эки жагына абайлап көз сала, акырын кызуулана шыбырап) Ошондон бери Алымбек өзгөрүп кетти деп турасызбы? Өзгөргөн жок. Оюнда дагы эле ошол. Агаңыз Худаяр-хан Алымбектин козголоң чыгарганынын максатын эң сонун билип, угуп, көрүп турса да, ошондо да кечирим берди го. Анткени, ал кезде Шерали-хандын бийлигинен кийин Кокон тоолук кыргыздар менен узакка  чейин кармашканга даяр эмес эле да,таксырым. Туурабы?

Малля-хан. (Ойлуу кабагын түйгөн калыбында) Ие... ие...

Алымкул-бий. (Дагы эле эки жагына абайлап көз сала, акырын кызуулана шыбырап) И-и, ошон үчүн Худаяр-хан Алымбекти кайра бооруна тартууга мажубур болбодубу, ордо бөөдө бузулбасын деп. Сыртынан жаркылдап, Алымбекти бөпөлөмүш эткен менен, агаңыз оңтоюн таап туруп, анын белин мертинткени даярданып жүргөн, тымызын. Агаңыздын  ал ниетин ордонун ичиндеги Алымбектин тыңчылары ага жеткирип коюшуптур. Сизди хан көтөрөбүз деп, Алымбектин мыктылардын баарын Худаяр-ханга каршы уюштуруп, отко-чокко түшкөнү да ошондон.

Малля-хан. (Ойлуу кабагын түйгөн калыбында) Ие... ие... Эми түшүнүктүү, мага.

Алымкул-бий. (Дагы эле эки жагына абайлап көз сала, акырын кызуулана шыбырап) Андай алыска кетчү оюу бар датка, сизге бой салмак беле. Сиз менен жакшы болумуш этип, чын пейлинен кызмат өтөмүш этип, убакытты созуп, анын ортосунда тиякта күчүн, курал-жабдыгын топтоп, аркалыктар менен сөзүн бүтүрүп туруп, анан козголоң баштайт.

Малля-хан. (Ойлуу кабагын түйгөн калыбында) И-и... (Тынымдан соң) А мен эмне кылышым керек?

Алымкул-бий. (Дагы эле эки жагына абайлап көз сала, акырын кызуулана шыбырап) Кенедей да сыр бербеңиз, ага. Эч нерседен шек алдырбаңыз. Өзүңүздөн оолактатпаңыз. Кайра бооруңузга тартыңыз. Бирок, тымызын ойлоно бериңиз, Алымбектин көзүн кантип тазалашты. Ал сизге эзели эл болбойт. Кезеги келгенде, тилеги орундалганда, сиздин алтын башыңызга кылычты биринчи ошол чабат!  

Малля-хан. (Ойлуу кабагын түйгөн калыбында) Сиз мага жардам бересизби, бийим?

Алымкул-бий. (Үч бүгүлө кулдук уруп) Ак дилимден кызмат этүүгө даярмын, таксырым!

Малля-хан. (Ойлуу кабагын түйгөн калыбында) Аттиң, аттиң... Ошондо, Ошто  Мусулманкул-аталык Алымбектин башын алмадай гана үзүп койсо болмок экен.

Алымкул-бий. (Шыкактап) Аны бир айтасызбы, эки айтасызбы, ошондой болгондо кана! Бирок айла-амалга салып кутулуп кетпедиби, Мусулманкул-аталык тарткан тузактан.

 

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

Сегизинчи сахна

Ошондон он жыл мурда. Ош. Шаардын ичи түтүнгө толуп, элдин кыйкырык-чуусуна жаңырып, кызыл, көк байрак көтөрүшкөн кыргыздар ары удургуп-бери удургуп, толкундай толкуп атышкан.

Үндөр. -Азаттык!..

— Ош элине азаттык берилсин!..

— Мындан ары Кокондун салыгына чыдай албайбыз!..

— Жашообуз өтпөй калды!..

— Кокон хандыгынан бөлүнөбүз!..

— Кайда, Алымбек-датка?!.

— Кана, Алайдын жолборсу?!.

— Ошол бизге өзү хан болсун!..

— Келатат!..

— Алымбек-датка келатат!..

— Алайдын жолборсу келатат!..

(Эл тең жарыла берди. Көпчүлүктү жиреп, сакчыларынын коштоосунда кирген Алымбек-датка арабанын үстүнө чыга калды).

Алымбек. (Элге, кыйкырып) Мен мындамын!..

Эл. (Удургуп) -Сен өзүң бизге хан бол, Алайдын жолборсу!

— Сен бизди баштадыңбы – сен бизди эркиндикке жеткир, датка!

— Убадаңа турасыңбы?!.

Алымбек. (Жалындай) Убадам убада! Айтканым айткан – дегеним деген!.. Мен сөзүмдөн тайбаймын! Башымды канжыгага байлап койгом!

Үндөр. -Өлсөк өлөбүз, бирок кул болбойбуз, Коконго!

— Окко көкүрөгүбүздү тосуп беребиз!

Алымбек. (Жалындай) Жылаңач баатырлыктын кереги жок! Окко көкүрөктү тоскон эрдик эмес! Акыл токтотуп иш кылган эрдик!

Үндөр. -Өзүң башта, Алай жолборсу!

— Биз сага ишенебиз!

(Аңгыча, топураган эл бети-башы жарылган сарбазды алдына салып айдап келишти).

Баатырбек. (Алаңдап корккон сарбазды алдыга түртүп) Кокондун сарбазын кармап келдик!

Алымбек. (Сарбазга карап, өкүм) Эмне кылып жүрөсүң, биякта?!.

Сарбаз. (Кулдук уруп, күнөөлүөдөй башын жерге сала) Даткам, сизге Мусулманкул-аталыктан кат алып келаткам.

Алымбек. Кана катың?

Сарбаз. (Башын жерге сала үлдүрөп) Алып коюшту, даткам.

Алымбек. Ким?

Баатырбек. (Коюнунан түтүкчө болуп орлгон катты алып чыгып, эрдемсий) Биз алып койгонбуз! (Алымбекке узатты).

Алымбек. (Баатырбекке карап) Атын да силер жыгып алдыңарбы?

Баатырбек. (Эрдемсий) Ооба. (Ооз толтура) Эми бул, Кокондун сарбазы да! Даткам!

Алымбек. (Баатырбекке караган калыбында) Бети-башын да силер жардыңарбы?

Баатырбек. (Эрдемсий) Ооба. (Ого бетер ооз толтура) Эми бул, Кокондун сарбазы да!

Алымбек. (Дагы эле Баатырбекке карап) Кылычын да силер алып койдуңарбы?

Баатырбек. (Эрдемсий) Ооба. (Ого бетер ооз толтура) Кокондун сарбазынын куралын тартып алдык! Бизге бир кылыч болсо да курал керек да! Мына! (Жанында сарбаздын кылычын асынып турган жигитти көздөй баш чулгады).

Алымбек. (Дагы эле Баатырбекке карап, мыйыгынан) Ал кылыч менен канча сарабаздын башын кыйган жүрөсүң?

Баатырбек. (Эрдемсий) Кудай бюурса мобуга окшогон сарбаздардын далайынын башын аламдай үзөм, бул кылыч менен!

Алымбек. Берчи ошол кылычты, бери, сынап көрөлү, курч бекен.

(Жигит кылычты Алымбекке узата салды).

Алымбек. (Кылычты колуна алып, сарбазга) Тос моюнуңду! Чөгөлө!

(Сарбаз унчукпай моюнунун тосуп, чөгөлөй калды).

Алымбек. (Кылычты Баатырбекке сунуп) Ме!.. Чаап сал, башын!..

(Тегеректеген эл тым-тырс болуп дымый түштү).

Баатырбек. (Кылычты колуна алып, мадырая) Мен кыя турган баштын биринчиси ушул болсун! Качкыла, каны чачырайт! (Эрдемсий кылычты колуна алып, кынынан шарт  суурду. Кындан кылычтын өзү эмес, сабы гана чыкты, үч эличе сыныгы менен).

Баатырбек. (Чочуп) Ой!.. Сындырып алдым!.. Кынында калып калды, сыныгы!..

Алымбек. (Мыйыгынан) “Кынында калды...” Кынында эч нерсе жок. Бул сарбаз согушуш үчүн эмес, мага кат жеткирип келаткан чабарман. Чабарманда курал эмес, куралдын сөлөкөтү гана болот. Биле жүргүлө. (Баатырбекке) Жолуң болсун, сенин, ушул куралсыз жалгыз чабарманды чогулуп алып, ошончо кишиге ур-токмокко алдырган. Кокон ханынын жер жайнаган аскерлери менен кармашып, жеңип келгенсип, баятан бери эрдемсийсиң, “Кокондун сарбазы, Кокондун сарбазы” деп. Эркек болсоң, эңгезердей болгон сарбаздар менен жекеме-жеке кармашып, ошондо күчүңдү көрсөт, кирбийген жалгыз сарбазды топ сүрөөнгө салып кармап келгениңе маашырланбай. .

(Тегеректеп тургандар күлүп ийишти. Баатырбек күнөөлүдөй башын жерге салып, шылпыя түштү). 

Алымбек. Сарбазга суусундук алып келгиле.

(Эки жигит бир паста жыгач кесеге суусундук алып келип, сарбазга бере салышты. Сарбаз суусундукту кере-кере жутуп, эс ала түшүп, Алымбекке кайра-кайра кулдук уруп ийди).

Алымбек. (Сарбазга катты узатты) Оку!

Сарбаз. (Катты алып, үн чыгара окуй баштады) “Улуу даражалуу Алымбек-датка! Сизди кыргыз элинен чыккан көй кашка баатыр гана эмес, акылгөй, кеменгер эл башчы катары да өтө сыйлаарымды сиз жакшы билесиз. Бүгүн Ош элинин башына катуу мүшкүл иш түшүп турган чак. Мен муну эң сонун түшүнүп жатамын. Ордо элдин жашоо-турмушун жадынан чыгарып койгон экен. Элди ушул ахыбалга жеткирген экен. Бул,  ордонун өтө чоң катачылыгы деп ойлоймун. Кудай бюурса ушул кечте сиз экөөбүз касиеттүү Сулайман тоосун курчаган Оштон жолугушуп, ордону кантип өз тарабыбызга оодаруу туурасында, элдин жашоо-турмушун канткенде жеңилдетүү туурасында масилеттешебиз. Сизди бир тууганынан артык көргөн, Мусулманкул-аталык”.

Үндөр. -Датка, ишенбе, бул кыпчакка!

— Ал куу түлкү!

— Алдап туруп тузакка түшүргөн атат!

Алымбек. Дароо жаман ойлобойлу. Мусулманкул-аталык өтө адилет, сөзүнө турган адам. Иши менен айтканы эки ача чыккандардан эмес! Аталык өзү кат жиберип аткан соң, адегенде, хандык менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек. Аны мен моюнума алам. Мусулманкул-аталык менен жүздөшүп сүйлөшөм. Силер жай-жайыңарга тарай бергиле.

(Чогулган эл ар кайсы жакка тарай башташты).

Алымбек. (Баатырбекке) Чабармандын атын берип, коштоп барып, Оштон чыгарып ийгиле.

Баатырбек. (Нааразы боло үн катып) Бияктан көргөн-билгенин Коконго айтып барсачы?

Алымбек. (Баатырбекке) Биз буга эмне жамандык кылдык, айтып баргыдай? (Сарбазга) Айтып барсаң – айтып бараарсың, сенин оозуңду биз тигип коймок белек. Ме, кылычыңды. (Сарбазга кылычын узатты. Сарбаз кылычты асынып, Алымбекке кулдук уруп, Баатырбектин аркасынан кетти, дегдеңдеп.

Алымбек кап-кап кум салынып, үстү-үстүнө жыйылган чыңдалган коргончторду кыдырып жөнөдү).

Тогузунчу сахна

Ээн талаа Күндүн бети буурул тартып, айлана мунарыктап турду. Дүңгүрөтө урулган добулбастын жүрөктүн үшүн алган үнү угулду. Мусулманкул-аталык турду, жүзүнө каар айланып, аскеринин курчоосунда.

Мусулманкул-аталык. (Өкүм) Азыр шаарды курчайбыз! Оштон бир жан сыртка чыкпасын! Бир жан сырттан кирбесин! Шаардан чыкчу, шаарга кирчү жолдун баарын тоскула! Чычкан мурду өтө алгыс болсун! Алайдын... мышыгын кармап, алдыма алып келгиле! Өз колум менен койчо мууздап өлтүрөм! Үймө-үй, короомо-короо калтырбай тинткиле! Кайсы жерден болбосун сууруп чыккыла! Тирүүлөй кармай албасаңар, канын суудай төгүп туруп, башын кесип, алдыма алып келгиле! Жан-жөкөрлөрүнүн бирин калтырбай кырып салгыла!.. Козголңчулардын каны Ак-Буурадай дайра болуп аксын!.. Баргыла!..

(Аскери ар кайсы тарапка аткан октой жабалактай чуркап кетишти. Жанында эки-үч жансакчысы калды. Ошол учурда Алымбекке барган чабарман сарбаз келди жүгүрүп).

Сарбаз. (Жүгүрүп келип тизелеп чөк түшө калды, Мусулманкулдун алдына) Таксырым!..

Мусулманкул-аталык. (Сарбазды тиктеп, таң кала) Кел, кел...

Сарбаз. (Энтигип) Таксырым... Салам-дубайыңызды... жеткирдим, даткага.

Мусулманкул-аталык. (Таң калган калыбында) Кантип сени тирүү кое берди, датка? Же качып чыктыңбы?

Сарбаз. (Демигип) Жок, жигиттери узатып келип, шаардан чыгарып коюшту.

Мусулманкул-аталык. (Таң калган калыбында) Бети-башыңды ким жарды, сабаттыбы, датка?

Сарбаз. (Демигип) Жок, чекеме да черттирген жок. Шашып, тез жетейин деп, атты өлөөр-тирилээрине карабай чаап келатып, жыгылып...

Мусулманкул-аталык. (Сынай) Эмне деди, датка?

Сарбаз. (Демигип) Сиз тууралуу ниети жакшы экен.

Мусулманкул-аталык. (Маашырлана) Жакшы болот да, жакшы кат жиберсем. (Сынай карап) И-и, эмнени көрдүң, эмнени билдиң? Канча колу бар экен, эли эмне кылып атыптыр?

Сарбаз. (Демигип) Колун биле албадым. Эмне кылып атышкандардын деле көрө албадым.

Мусулманкул-аталык. (Каары бетине айланып) Акмак!.. “Көргөн жокмун, билген жокмун!” Алайдын мышыгына гана сатылып келген экенсиң, ээ?!. (Жини менен жон талаштыра камчы менен тартып-тартып ийди. Сарбаз кайкалай түшүп, анан кайра бүрүшүп, башын калкалай калды).

Мусулманкул-аталык. (Жан сакчыларына) Сүйрөп барып, көгала койдой союп, буту-колун кишендеп орго салып таштагыла, мындай чыккынчыны!..

(Эки жансакчысы чабарман сарбазды тепкилеген бойдон сүйрөп кетишти).

 

Онунучу сахна

Ош. Алымбек Кулубай менен эки-үч жакын кишилерин жанына алып дагы эле коргонучтарды кыдырып көрүп жүргөн. Аңгыча алыстан кароол жигиттин үнү чыкты.

Кароол жигиттин үнү. (Кыйкырып) Алданды-ык!.. Алданды-ык!..

(Алымбек токтоло калып кулак түрүп калды. Кароол жигит антаңдап чуркап кирип келди).

Кароол жигит. (Демин баса албай энтигип) Даткам!.. Даткам!.. Мусулманкулдун жер жайнаган колу... Ошту... Ошту... Туш тараптан курчап келатат!..

Алымбек. (Тиштенип) Ушундай экенсиң да?!.

Кароол жигит. (Дагы эле демин баса албай энтигип) Ооба, алдап кетти, кыпчак!..

Кулубай. (Кекенип) Куу түлкү, ит, десе!.. (Алымбекке ындыны өчө шалдая карап) Эми эмне кылабыз?

Алымбек. (Токтоо) Ойлонолу! (Кароол жигитти такып) Колу өтө эле көппү? Коркконго кош көрүнөт болгон жоксуңбу?

Кароол жигит. Жок, даткам. Көпкө чейин байкоо жүргүздүк. Шериктеримдин экөө дагы байкоо жүргүзүп атышат. Жер жайнаган атчан сарбаздар, сүйрөткөн замбиректери бар.

Алымбек. (Ойлуу) Абал кыйын экен анда! Мынча колу менен келгенден кийин, аталык элди канга батырайын деген экен! Эл бөөдө кырылбасын. Ал эч кимди аябайт.

Кулубай. (Ындыны өчө) Анан кантебиз?!.

Алымбек. (Жанындагыларга) Бет келип кармашсак – утулабыз. Аталыктын колуна беттеп чыкпай, куралчандар аз-аздан топ-топ болуп, ар кайсы жерден курчоону жырып чыкканга аракет кылыш керек. Колго түшкөндүн эч кимисин соо койбойт. Куралы жоктор, шаарды аралып, эл арасына сиңип кетишсин. (Кулубайдан башкасы туш-тушка кетишти. Алымбек менен Кулубай коргонучтардын үстүнө чыгышып, эки жакка көз чаптырып калышты).

Кулубай. (Колун серепчилеп) Кудай сактай көр!

Алымбек. (Кулубайга кайрылып) Эмне болду?

Кулубай. (Ээги менен өкчөп) Тээтигинде, Алайдын жолунда бирөө келатат, атын өлөрр-тирилээрине карабай чапкылап. Алайга да кол салган го, Кокон?

Алымбек. (Башын чайкап) Азыр аталыктын колу Алайга барбайт, мен биякта турганда. Максаты – мен. Менин көзүмдү тазалаш керек.

(Ошол учурда аттын дүбүртү жакындап келип токтоду да. Бир аздан соң энтиккен жигит жетип келди, тигилердин жанына).

Жигит. (Демин жыйып) Салоом алейкум, датка.

Алымбек. Алеки салам. Тынччылыкпы?

Жигит. Сизге аманат бар. (Күмүш камчы узатты).

(Алымбек-датка күмүш камчыны көргөндө селт эте түштү да, Апыш-тапандын  колунан алды. Тигиге карап, ойлоно түштү).

Алымбек. Иш чатак го?

Жигит. Аны бара көрөсүз!

Алымбек. (Жигитке) Башта. (Кулубайга) Мен айткандай болсун, өзүң көз салып тур. Мен бат эле келем. (Жигитке) Жол көрсөт, мага!

(Жигит Алымбекти баштап жолго түштү).

 

Он биринчи сахна

 Чайхана. Курманжан.  Алымбек кирип келди.

Алымбек. (Кабагын бүркөп) Тынччылыккпы?!

Курманжан. Даткам, зарыл иш чыкса, күмүш камчыны берип ий, деген шертиңизге ылайык, келип калдым.

Алымбек. (Ачуусу келип) Моминтип, кыл чайнашып, кырчылдашып, жаныбыз кылдын кырында турганда, эл козголуп, деңиздей толкуп атканда, экөөбүз жолуккудай эмне анчалык зарыл иш чыгып калды?!. Же Алайды жоо каптадыбы?!.

Курманжан. (Аста) Даткам, сабыр этиңиз, эми. Адегенде, эл-журтуңуздун, бала-бакыраңыздын жайын айтайын.

Алымбек. (Ачуусу тарабай) Угуп атам!..

Курманжан. Эл аман. Бала-бакыраңыз тынч. Сизге салам айтышты.

Алымбек. (Сабыр эте) Саламат болушсун! Элдин амандыгы кымбат. Элдин ичинде силердин амандыгыңар кымбат, мага. Дагы эмне кебиң бар?

Курманжан. (Аста) Өзүм да сизди сагынып...

Алымбек. (Ачуусу ого бетер келип) Ушуну айтайын деп келдиңби, Алайдан?!.

Курманжан. (Шагы сына түшкөнүн билгизбей) Сөз келгенде айттым, даткам. Туулган жерин сагынган чыгаар, момундай кырдаалда, ушундай учурда сизге дем-күч болсун деп, атайы Алайдын кымызын алып келдим, кол чаначка. Ичип алып, ишиңизге аттаныңыз. Келгенимдин себеби – ушул.

Алымбек. (Жибий) Мунуң жакшы экен. Туулган жеримдин кымызы каныма жүгүрсө, дем бербей койчу беле.

Курманжан. (Керденге кымыз куюп сунат) Ичиңиз, даткам.

(Алымбек керденди колуна алып дароо шыпкап иет).

Алымбек. (Тамшанып) Алайымдын жыты жыттанган кымыз экен!

(Курманжан дагы бир жолу керденге кымыз куюп, күйөөсүнө узатат. Алымбек аны да шак тарып иет).

Алымбек. (Тамшанып) Көзүм умачтай ачылды! Кана, кеп салчы, сөздү угуп алып, анан аттанайын.

Курманжан. (Аста сөз баштап) Даткам, эртең сиз мен ыктыярыңызга каршы иш кылып койгонумду билсеңиз, не дээр элеңиз?

Алымбек. (Кооптоно) Эмне иш?!.

Курманжан. (Жайгара сүйлөп) Чочубаңыз, даткам, сизге кенедей да залалы тие турган иш эмес. Сиздин алтын башыңыздын аманчылыгынын гана камы.

Алымбек. (Кымызга магдырап) Келгениң да сырдуу, кептериң да сырдуу... Бир билгениң бар болсо, ачык эле айтчы, угайын.

Курманжан. Мен азыр айткан менен, сиз ага муюбайсыз, даткам. Бүгүн айтканга эрте. Эртең аныгына  өзүңүздүн көзүңүз жетет. Ошондо мага ачууланбайсызбы деп алдын-ала сурап атам.

Алымбек. Менин аманчылыгымдын камы болсо, ага эмне ачуулунам?

Курманжан. Кебиңиз бир болсун, даткам.

Алымбек. Качан менин сөзүм эки болчу эле?.. Капырай, кымызың өтө күчтүү го, бир паста көзүм жабышып, кирпигимди ирмегенге шайым келбей баратат да... Бир нерсе кошкон окшойсуң, буга... (Дароо уйкуга кетти.

Ошол мезгилде сырттан баягы чабарман жигит кирип келди).

Курманжан. Көтөр даткаңды. Арабага сал. Үстүн курумшу менен жап.  

(Жигит Алымбекти дароо жонуна арта салды. Дүңгүрөгөн добулбастын үнүнө кулак түрө туруп калды).

Жигит. (Үрөйү уча) Мусулманкул-аталыктын колу Ошту курчады! Жолдун баары тосулду! Кантип чыгабыз, курчоодон, жеңе?!.

Курманжан. Тобокел... Кудайдын жардамы тийсин!

(Экөө шашыла сыртты көздөй жөнөштү).

 

Он экинчи сахна

Оштун чыга беришинде. Күүгүм талаш. Тосмо — Мусулманкулдун аскер күзөтү. Арабачан Курманжан менен жигит  күзөттүн жанына жакындашты.

Биринчи күзөтчү. (Мылтыгын кезеп) Токтогула! Кайдан келатасыңар? Кайда баратасыңар?

Курманжан. (Токтоо) Оштон келатабыз. Айыл кыдырып жүрөбүз.

Экинчи күзөтчү. (Арабанын үстүнө мылтыгы менен жаңсап) Бул эмне?

Жигит. (Алаңдап коркуп кетти, шыбырай) Өлдүк, жеңе!..

Курманжан. (Шыбырай) Унчукпа. (Токтоо) Курумшу. Боекчубуз. Айыл кыдырып, эски-уску буюм чогултабыз – боекко алмашыбыз.

Биринчи күзөтчү. (Курманжанга) Боекчусуңбу?

Курманжан. Окшобой турамбы?

Биринчи күзөтчү. (Экинчи күзөтчүгө) Эмне кылалы? Өткөрөлүбү?

Экинчи күзөтчү. Өткөрбөгөндө, боекчуну кармап эмне кылабыз? Курумшусун чогултуп, боегун таратып, оокатын өткөрүп жүрө берсин да.

Биринчи күзөтчү. Өткүлө.

(Курманжандын арабасы тосмодон өтүп, андан ары жолуна түштү).

 

Он үчүнчү сахна

Ошондон бир аз эле өткөндөн кийин. Оштон чыкчу жолдордун бири. Мусулманкул-аталык келатты түнөрүп. Жанында үч жүз башы.

Мусулманкул. (Биринчи жүз башыга) Жакшылап тинттиңиер беле?

Биринчи жүз башы. (Мусулманкулду тик карай албай) Жакшы эле тинттик. Айтканыңыздай, короомо-короо, үймө-үй кирип чыктык. Бирөөн да калтырган жокпуз. Бир чайхананын жанында токулгасы менен Карегер аргымагы калыптыр, өзүк жок.

Мусулманкул. (Биринчи жүз башыга карап, кабагын бүркөй) Аргымагын эмне кылдыңар?

Биринчи жүз башы. (Жалтактап) Аргымагын... аргымагын басмайылын бекем тартып, тизгин, чылбырын жалына түйүп туруп, Алайын көздөй айдап ийдик.

Мусулманкул. (Биринчи жүз башыга карап, жини келип) Эмнеге?!.

Биринчи жүз башы. (Жалтактап) Эми... эли билсин дегенбиз, даткасынын мерт болгонун.

Мусулманкул. (Ачуусуна туттуга) Кана мерт болгону?!. Кана?!.. Өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп жерде жок! Эмне, асманга учуп кеттиби?!.. Көз көрүнөө туруп, колдон чыгарып ийдиңер!.. Ушунчаңар жабалактап жүрүп!..

Экинчи жүз башы. (Безилдеп) Ошто эле!..

Мусулманкул. (Ого бетер ачуусуна туттуга) Ошто эле?!. Ошто болсо кана?!. Же, балык болуп Ак-Буурага түшүп кеттиби, ыя?!.

Үчүнчү жүз башы. (Жалтактай) Бир жерде жашынып жатат болуш керек...

Мусулманкул. (Күйбөгөн жери күл болуп туттугуп кыйкыра) Жашынып жатат?!. Жашынса — тапкыла, тирүүлөй кармагыла дебедим беле?!. Кармай албасаңар, жайлагыла дебедим беле?!. Кантип куткарып ийдиңер?!. Кантип?!. Акмактар!.. Сатылган иттер!.. Алайдын кана мышыгына боор тартасыңар, ээ?!. (Ачуусу ченден чыгып, жүз башыларын карсылдата сабап ийди. Жүз башылар бети-башын калкалашып бүрүшүп турушту).   

 

Он төртүнчү сахна

Түрмөнүн камерасы. Камчыбек менен Алымбек.

Камчыбек. (Улутунуп) Сиз элдин тынччылыгы, элдин бейкуттугу, элдин бакубатчылыгы деп, карууңузду казык кылып, жаныңызды жанга уруп сабалап жүрчүсүз, ата...

Алымбек. Эл, эл деп, элдин камын, журттун камын ойлобосом, карабашыл жанымдын эле камын көрсөм, анда менин бектигим кайсы, даткалыгым кайсы, балам?

Камчыбек. (Ой басып) Ооба, ооба, ушул сөздөрдү баскан-турган сайын кайра-кайра айтчу элеңиз.

Алымбек. Ансыз да уйдун бөйрөгүндөй болгон башка чукак, бир ууч эл болсо  кыргыз, анан ага хандары, бектери күйбөсө, ким күйөт? Кыргызга жалгыз кана кыргыз күйөт, балам.

Камчыбек. (Улутунуп) Андай сөзүңүздү да далай уккам, ата. “Жалгыз башын жаман да бага алат. Эр жигит элин багат, жерин багат” деп айтканыңызды өтө көп укчу элем. Анда  балалыгым менен, акылым толо элек жаштыгым менен ага анча маани бербепмин. Эми түшүнүп атам.

Алымбек. Түшүнгөнүң жакшы, балам. Эл-журттун тузу өтө оор болот. Аны көтөргөн бар, көтөрбөгөн бар. Көтөрсөң – урматка жетесиң, көтөрө албасаң уятка каласың.

Камчыбек. (Оор улутунуп) Мен да ошону ойлоп атпайымбы, ата. Кара жанымды курман кылсам да, уятка калбайын деп, силердин атыңарга көө жаппайын деп. “Уят деген бир уруу журт” дечү элеңиз. “Эрди намыс, коенду камыш өлтүрөт” дечү элеңиз. Көрсө...

 

Он бешинчи сахна

Түн. Алоолонгон оттун боюнда Алымбек менен Жангарач тунжурашып Балыкооз манасчыны угуп олтурушту. Манасчыны тегректеген айылдын эли. Айдын жарыгында  араакта, ак боз үйдүн сөлөкөтү көрүнөт. Анда-санда жылкынын кишенегени, иттердин борс-борс этип үргөнү, жалгыз козунун маараганы угула калып атты.

Балыкооз. Арман кылып алп Манас

Ошондо каңырыгы түтөдү:

“Алмамбет астыга жүрсө,  — ак жолум,

Чубагым артымда жүрсө, -сан колум.

Кечээ кара жаак Зулпукор

Кындап жаткан кезимде,

Кол сала келген каңгайды,

Сындап жаткан кезимде,

Дүйнөнүн кенен чагында,

Алакеңдин барында,

Анда өлбөй не болду-ум?!

Алдырып ийдим – жаман ат,

Алмамбет, Чубак, ала жат!

Ак маралды кубалап,

Уй кылганда өлбөдүм,

Алышкан жоону токмоктоп,

Мен буй кылганда өлбөдүм!

Аламбет менен Чубакты

Дөө кылганда өлбөдүм!

Коңурбай балта чапканда,

Кансырап жаным жатканда,

Кыйындардын барында,

Ошондо жөө калганда өлбөдүм!

Кара кытай камбылың

Камаганда өлбөдүм,

Калдай менен солоонду

Сабаганда өлбөдүм!

Өлбөй бир өксүп келдимби?

Бээлесе, колго тийбеген

Берендердин баарысын

Капыр-ай, калмакка кармап берди-имби?!”

(Эл арасында бышактап ыйлаган, солуктагандардын үнү угулуп атты).

Алымбек. (Тунжураган бойдон, көзү жашылдана күбүрөп) Атаңдын көрү-ү, мына, кыраандардан  айрылып, мүрүсү турган кайрылып арстан Манас арманы!

Жангарач. (Алымбекке карап, акырын үн чыгарып) Датка?..

Алымбек. (Тамагы буула, үнү каргылданып) Кыргыз баласы кантип чыдап турат, ушундай окуяны угуп атканда, боор этибиз эзилбей.

Жангарач. (Кубаттап) Сөзүңдүн жөнү бар, датка.

(Балыкооз “Манас” айтканын токттоту).

Алымбек. (Ордунан тура калып Балыкооздун колун кысып) Зор жомокчу экенсиз, Балыкооз аке! Баарыбыздын жаныбызды кейитип бейпайга салдыңыз. Өркөнүңүз өссүн! Көп жашаңыз!   

(Бири бышактап, бири тунжураган эл да ордунан туруп, Балыкоозго ызаат көрсөтүшө тарай башташты. ).

Жангарач. (Балыкоозго) Сиз барып эс алыңыз. Биз датка экөөбүз тууганча сөзүбүз бар, түгөнбөгөн.

(Балыкооз уландардын коштоосунда ак боз үйдү көздөй басты).

Алымбек. (Тунжураган калыбында) Манастын таасири... Манастын таалими...  (Тунжураган бойдон) Аркалыктар, убададан тайган жоксуңарбы, бий?

Жангарач. Эмнеге таябыз, датка. Сөз бир, шерт бир. (Ойлуу кыялдана) Олуя-Атадан Ташкенге чейин, Намангенден Анжиян, Ош, Алай, Ысык-Көл, Тянь-Шанга чейин кыргыз биригип, бир эл  бололу, бир журт бололу, кыргыз  хандыгы болсун деп турсаң, датка, андан кайсы кыргыз качсын. Качкан кишини Манастын кусуру урбайбы! (Сынай) Бирок, Бухара менен Кокон кожосундай колдогон тажик Канаат-шааны ээрчип, орустар менен уруш баштайм деп келгениңе жол болсун? Түшүнбөдүм? Кокон эми ошончолук кымбат болуп калдыбы, сага, датка?

Алымбек. (Тунжураган абалынан чыгып) Урушту Канаат-шаа салган турат. Атайын жыйырма миң кол курап келди, Узун-агачты басам, Верныйдан[1] келаткан орус аскерлеринин жолун бууп коем деп.

Жангарач. (Ойлуу) Буудура коер бекен, орустар.

Алымбек. (Тунжураган абалынан чыгып) Мен да ошондой ойдомун. А менин келгенимдин жөнү башка, бий. Баягы “Ормон опузадай” караан эле болуп бербесем, жигиттеримди окко тосуп берейин деген кенедей да оюм жок.

Жангарач. (Күлүп) Жыгылыштуумун, датка, жыгылыштуумун. Сөзүмдү айра алдым. Анда келгениңдин себеби эмне? Же аркалык туугандарыңды сагындыңбы?

Алымбек. (Астейдил) Колдон келсе, түндүк менен түштүктүн кыргыздары бири-бирине ат тезегин кургатпай каттап турганы ылаазым. Антпесе, тоонун эки бетинде эки башка элдей болуп, бири-бирине жатыркап олтурса, кыргыз кантип биригет? Эзели бирикпейт, анда.

Жангарач. (Башын ийкегилеп) Туура, туура, бул сөзүңдө калет жок, датка. (Каңырыгы түтөп) Аттигиниң, эки бөлүндү болбогондо, эчак эле бирикпейт белек.

Алымбек. (Тунжурай түштү) Тоо тоскол болбойт, бий, эгер дилибиз бир болсо, тилегибиз бир болсо.

Жангарач. (Шашаклактап) Тилегибиз бир, дилибиз бир – бир элбиз да. Кыргызпыз да.

Алымбек. (Улутунуп) Мен ошол кыргыз экенибизди айтып атам. (Астейдил) Шылтоого шыноо болуп, келгенимдин себеби ушул – эми чындап бирикчү учур келди, бий. Азыр Кокондун шайы кетип турган чагы. Канаат-шаадай алабармандар канчалык чамынышса дагы, орустар менен кармашканга Кокондун чамасы да, чаркы да келбейт. Кокон азыр кантип жанын сактап калыштын амалын кылып, жандалбастап айласы кетип турган учуру. Ушундай чакта биригип туруп, өзүбүзчө бөлүнүп, хандык түзүк кетсек, Кокондон оңой кутулабыз. Кокондун азыр эки тарапка чарпынды боло турган чагы эмес.

Жангарач. (Муюшуп) Туура, туура... Анда эмне кылалы? Мыктылардын баарын чогултуп, кеңешип-таңашып көрөлүбү?

Алымбек. (Ой баса) Кеңешели, таңашалы, мыктылар менен, жакшылар менен. Бирок, убакытты колдон чыгарып ийбейли. Азыр баарынын тез ишке ашканы жакшы.

Жангарач. Убакыт деле жетиштүү.  

Алымбек. (Башын чайкап) Убакыт тар, бий. Кокондун белин кайыргандан кийин, хандыктын ичиндеги элдердин бири катары, биз дагы орустарга башыбызды ийип беребиз. (Өкүнүч аралаш) Аттигиниң, ошого жеткирбей биригип, бир хандык болуп өзүбүзчө бөлүнүп кетсек, орустар биз менен эсептешүүгө мажубур болуп калаар эле.

Жангарач. (Ого бетер муюшуп) Жүйөөсү бар сөзүңдүн, датка. Жүйөөсү бар. Бирок, каапырларга каршы казатка аттанабыз деп, дүрбөгөндөрдү кантебиз? Токтото алабызбы, ошолорду? Чынымды айтсам, мен дагы ичимден аларды жактап турам, аттанышса кошо аттанып, эл катарында болоюн деп.

Алымбек. (Тунжурай, мыйыгынан) Мхи... Орустарга каршы казатка аттансак – кар жилигибиз какыраган сайларда калат, көмүлбөй. Ушундай аскери бар, ушундай куралы бар мамлекетке каршы түтөтмө мылтык, түпөктүү найза менен казатка чыгам деш, акылы бар кишинин айтаар кеби эмес, бий. Андайларды тыйыш керек, андай ойдон алыс болуш керек. Элди бөөдө кырып алабыз. Орустар менен мылтыктын огу, кылычтын мизи эмес, акыл айлантып, ой толготуп сүйлөшкөн оң болот.

Жангарач. (Муюшуп) М-м... датка, айтканың чын, айтканың чын.

(Экөө чогу өчүп бараткан отту тиктеп бир кыйлага үнсүз олтуруп калышты).

Алымбек. (Тунжураган калыбында башын көтөрүп) Кана, эмнеге токтодук, бий? 

Жангарач. (Тайсалдай) Датка, мен Жантай, Байтиктер менен кеңешип көрөйүн,  кимди хан көтөрбүз, хан ордосу кайда болот дегендей... (Кыйытып) Бизде да мен хан болом деген мыктылар көп.

Алымбек. (Кейиштүү)  Оюңду түшүндүм, бий. (Улутунуп) Ойлонгула. Бирок, таз тарангыча той таркайт болбойлу. (Жангарачка тик карап) Кыргызды бир гана нерсе бириктирбейт, бий.

Жангарач. (Кулак төшөп) Кулак сенде, датка.

Алымбек. (Кейиштүү)  Ыркыбыздын жоктугу. Биздин элдин шору ошондо. (Тунжурай түштү) Кимди хан койсоңор да, мен эл-журт үчүн кызмат этүүгө даярмын!  (Ордунан турду. Жангарач да ордунан туруп, экөө нараакта турган боз үйдү көздөй басышты).     

Он алтынчы сахна

Узун-агач. Алымбек дүрбү алыска салып турду. Жанында Кулубай баштаган бир топ жигит. Аттын дүбүртү угулду.

Кулубай. (Колун серепчилеп) Канаат-шаа келатат, шашып.

(Бир аздан соң аттын дүбүртү жакын келиптоктоду. Аңгыча кең көкүрөк, таноолору дердеңдеген көйрөң чалыш Канаат-шаа шамалдай болуп шуулдай басып тигилердин жанына жетип келди. Артында ээрчиткен эки жигити бар).

Канаат-шаа. Датка, мына, мага ишенкиребей аттыңыз эле, мынабул биздин киши Узун-Агачтын жайын коен-жатагына чейин билип келди. (Жигиттердин бирине карап) Айт!

Тыңчы жигит. Кишиден — жүзгө жакын аскери бар. Ар биринде бирден беш атаар мылтык. Ок-дарылары кампада. Канча экенин көрө алган жокмун. Эки замбирек, үч ок жаадырма куралы[2] бар. Эки араба. Жылкыдан жыйырма. Уй-он. Музоосу он. Беш-алты ашпоз, төрт-беш кир жууган аял. Эки дарыгер. Эки ат баккыч, бир уйчу. Эки от жаккыч. Эки арабакеч.

Канаат-шаа. (Тыңчыга) Жетет. (Алымбекке) Кана, эми эмне дейсиз, датка? Жүз аскердин, сарбаздар бир каптап өткөндө эле тымтыркайы чыгаарына эми ишендиңизби?

Алымбек. (Суз) Дагы эле ишене албай турам. Жүз беш атаар мылтыгы, эки замбиреги, үч ок жаадырма куралы бар аскер оңой менен каптата коет болду бекен, душманын?  

Кулубай. (Алымбекти кубаттап) Ооба, мылтыгы бар киши менен мылтыксыз кишинин кармашышы кыйын го.   

Алымбек. Мен да ошону айтып атам. Сарбаздар жеткиче эле орто жолдо боо түшүрүп салышса эмне болот?

Канаат-шаа. (Тырчып) Боо түшүп калгыдай таранчы беле сарбаздар!  Көз ачып жумгуча эле каптап кирип, жүз кишинин бир заматта  кылычтап башын алып,  ойрондоп таштайбыз.

Алымбек. (Ачуусу келе) Шаа, сарбаздар чаап жетип кылычтагыча, бир орус аскери бир-эки чакырым жерден беш атаары менен жыйырма кишини окко учураарын ойлодуңузбу?!  Сиз алыстан ок бүрккөн мылтык менен кол созгон жерге жеткенге чейин шилтенбей турган кылычты салыштырган атасызбы, шаа?!. Чоң мамлекеттердин аскерлери кандай согушаарын билесизби?!.

Канаат-шаа. (Теригип) Антип басмырлабаңыз, датка! Биз да далай салгылаштарга катышканбыз, кан төгүшкөн!

Алымбек. (Ого бетер кызуулана) Сиз “кан төгүшкөн салгылаштар” ушул өзүбүздүн эле чөлкөмдө, бирини куралы бирине тете келген шартта болгон, шаа! А мынабул турган орус аскеринин жагдайы таптакыр башка. 

Канаат-шаа. (Ого бетер теригип, кызалаңдап) Анда ушул жүз аскерден коркуп, кайра артыбызга качалыбы?!.

Алымбек. (Ансайын кызуулунап) Жүз аскерин таламайга салдырып коюп, карап турат бекен, орустар?! Бир заматта миңи келет, жүзүнө жардамга. Анын артынан түмөнү келет, миңине жардамга. Сиз сарбаздарды бөөдө опоот кылган турасыз, шаа!

Канаат-шаа. (Ого бетер теригип титиреңдей) Датка, коркуп турсаңыз, жигиттериңизди алып алып, кете бериңиз кайра, Алайыңызга! Биз сиздин жигиттерсиз эле жүз кшинин түбүнө жетебиз!

Алымбек. (Ого бетер кызуулана) Шаа, мен эч нерседен коркпоймун! Качайын деген да ниетим жок! Качайын деп келген  эмесмин, биякка! Качып да көргөн эмесмин! Сиз биздин колду кызылдай окко салып берген атасыз! Ошону айтып атам, мен!

Канаат-шаа. (Титиреңдеп) Биз биякка майрамдаш үчүн келген жокпуз, датка! Муну согуш дейт!

Алымбек. (Ого бетер кызуулана) Согуш, шаа, аскериңди боо түшүрүп кырып алыш үчүн эмес, аз кан төгүп, көп утушка жетиш үчүн болот! Согуштун эбин билиш керек! Көзү жок көгөөн, мурду жок букача отко-чокко түшүп адыраңдай бербей!

Канаат-шаа. (Теригип титиреңдей) Сиз мени басмырлабаңыз, датка! Билип турам, сиз моминтип жигиттериңизге жагып, элге жагып, атак алгыңыз келип атат!

Алымбек. (Ого бетер кызуулана) Мага атак-даңк эмес, ар бир жигитимдин өмүрү артык, шаа! Эгер билгиңиз келсе! Мен сизге ордодон эле айткан болчумун, орустар менен согушам деп, бизди азгырып, момунча кишинин башын тобокелге салбаңыз деп! Айттым беле?!.  

Канат-шаа. (Сөзгө жооп бербей бир саамга мелтейе түштү, анан кайра Алымбекти беттеп кекете) Жүзгө миңи жардамга келсе, жигиттериңизди алып, урушка кирип бересизби, же жокпу?! Чын ниетиңизди айтыңыз, датка!

Алымбек. (Жини менен) Аны ошол миңи келгенде көрөбүз, шаа!

Канат-шаа. (Алымбекти карап ызырына башын ийкегилеп) Мага ордодон айтышкан... Эми көзүм жетти, ошол сөздүн чындыгына.

Алымбек. (Кыжырлуу) Эмнени?!.

Канат-шаа. (Ачуусуна туттугуп) Ордого көзүңүз түз эмес экенин! (Сөөмөйүн кезеп) Эртеңки күнү Оштон кездешээрибизди унутпаңыз, датка!.. (Жигитине) Сурнайды тарттыр! Толгоп киребиз!

(Жигит чуркаган бойдон кетти. Түнөргөн Канаат-шаа да шарт жөнөп кетти. Алымбек башын чайкап узата карап турду).

Кулубай. (Жакасын карманып) Кудай сактай көр, катуу ээлигип турат, шаа, эмненин ичинен чыгаар экен?!.

Алымбек. (Түнөрүп) Эмненин ичинен чыкмак эле, сарбаздарынын башын жутуп тынат!

Он жетинчи сахна

Түрмөнүн камерасы. Камчыбек менен Алымбек.

Камчыбек. (Эстеп) Сиздин айтканыңыз чын чыгып, Узун — Агачта сарбаздар  миңдеп боо түшүп кырылыптыр. Кокон да акыры орустарга туруштук бере албай кулады.

Алымбек. Кокон куламак. Анда маселе жок, балам. Тээтигинче миңдеген сарбаз бөөдөндөн бөөдө опоот болду, бир ала көөдөн, жел өпкөнүн айынан. Баарынан кейиштүүсү ошол.

Камчыбек. (Эстеп) Канаат-шаа орустардан жеңилип калгандан кийин сизди Малля-ханга жамандап келип, ортоңорго от чачканын элден далай уккам, ата...

Алымбек. Эми, ордо деген ошондой болот, балам: бири-бирин жамандамай, бирине-бирин тукурмай, бирине-бири тузак тартмай, бири атак алып, экинчисин зынданга салдырмай, биринин башын бири кестирмей...   

(Пауза).

Камчыбек. (Ойлуу) Эмнеге өкүнөсүз, ата?

Алымбек. Жеке өзүм өкүнө турган иш кылган жокмун го, балам. Жалгыз тилегим – кыргыздын башын коштуруу эле, ошону аткара албай кеттим. Тилегиме жеткирбей, Худаяр –хан көзүмдү жазгырып барып, тууганыма өлтүртүп тынды, мени.

Камчыбек. (Ойлуу) Эмнеге каниет этесиз, ата?

Алымбек. Колумдан келишинче, акылымдын жетишинче, күчүмдүн болушунча элге-журтка ак кызматымды өтөдүм, балам. Ошого каниет этем (Элеси бүрүл тартып барып дубалга сиңип жоголду. Узукка созулган пауза. Камчыбек Алымбектин элеси батып кеткен дубалды сыйпалап далайга чейин турду. Анан кайрылып, төбөнү тиктеди).

Камчыбек. (Сабырдуу) Арбагыңдан айланайын, атаке, мен даярмын!

 

Бүттү.

 

17.05.2019 — 23.05.2019.



[1] Алматы – авт.

[2] Пулемёт – авт.


Количество просмотров: 43