Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Искусство, театр / Публицистика
© Кулмамбетов Ж.О., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 18-ноябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Кыргыз шекспириадасы – оригинал жана стереотиптер

Бул макала 2012-жылы апрель айында, Кыргыз-түрк "Манас" университети өткөргөн "Дүйнөлүк классикалык мурастар Кыргызстандын театр сахналарында" аттуу илимий-практикалык конференцияга карата жазылган. Конференцияга арналган макалалар менен бирдикте жыйнакка кирип, китеп болуп чыккан. / Статья написана для научно-практической конференции Кыргызско-турецкого университета «Манас», которая проходила 17 апреля 2012 года под названием «Мировое классическое наследие на сцене театров Кыргызстана». Статья опубликована в сборнике университета по итогам конференции.

 

Кыргыз театрынын дүйнөлүк классикалык драматургияны сахналаштыруу тажырыйбасы Ала-Тоо аймагында европалык үлгүдөгү сахна өнөрүнүн пайда болгон мезгилинен эле башталат. Кыргыз музыкалуу-драмалык студиясы Н.В.Гоголдун “Текшерүүчүсүн” сахналаштырган 20-кылымдын 20-жылдарынын аягынан тартып, дээрлик сексен жылдан ашык мезгилдин ичинде улуттук театрыбыздын рампасынын жарыгын чет элдик жана орус классик авторлордун чыгармалары боюнча коюлган ондогон спектаклдер көрдү. Албетте, мезгилдин, мамлекеттик идеологиянын талабына, коомдун саясий өзгөрүүлөрүнө жараша ал спектаклдердин аткарган милдеттери, артынган жүгү ар башка экени талашсыз. Маселен, ошол эле “Текшерүүчү”, биринчи кезекте советтик идеологиянын квинтэссенциясы болгон эзүүчү коомду ашкерелөөнү максат кылган болсо, 20-кылымдын 30-жылдарынын ортосунда коюлган Лопе де Веганын “Койлуу булак” баатырдык драмасы таптык күрөштү чагылдырууну көздөгөн патетикалуу оюн. 

Албетте, СССРдин тушунда кыргыз сахнасы эле эмес жалпы эле советтик театрларда коюлган чет элдик жана орус классикалык драматургиясы, айрым гана чыгармаларды, айрыкча В.Шекспирдин драмаларын эске албаганда, биринчи кезекте коммунисттик конъюнктурага көз каранды болгон. Ошого кызмат өтөгөн. Ал мезгилдин, ошол доордун негизги тенденциясы ушундай болчу.

В.Шекспирдин драматургиясы менен кыргыз сахнасында адамдын ички дүйнөсүнө үңүлүп кирүү этабы башталат. Тагыраак айтканда, кыргыз сахнасында алгачкы ирээт коюлган драматургдун “Отеллосунан” тартып идеологиялашкан искусствонун канондоруна дээрлик баш ийбеген, көркөм иликтөө объекти катары адамдын өзү жана анын табияты фокуска алынган альтернативалык багыт өнүгө баштайт.

Бирок, маселе, алынган темага жараша, кыргыз театрынын адамдын жан дүйнөсүн иликтөөдө ага канчалык терең кире алгандыгында, улуу драматургдун оюуна канчалык деңгээлде жакындаша алгандыгында турат. Кыргыз театрынын “Отеллосу” коммунисттик идеологияга түзмө-түз гана эмес, кыйыр маанисинде да кенедей тиешеси жок спектакль. Бирок, прадокс дал ушул жерде жатат. Анткени, улуу англичаниндин трагедиясынын – адабий материалдын, башкача айтканда түп нусканын өзү дүйнөлүк драматургияда расалык өксүктүктү, демек социалдык теңсиздикти биринчи козгогон өтө таланттуу чыгарма катары, советтик идеологиянын талабына толук бойдон жооп бере алмак. Бирок, кыргыз театрында да, жалпы эле советтик театрда да “Отеллонун” ошол көмүскө маанисин 20-кылымдагы эң терең ойлуу режиссерлорунун бири А.Эфроско чейин эч ким элес алган эмес. Советтик сахнада, анын ичинде кыргыз театрында “Отеллонун” интерпретациясы тээ 18-19-кылымдардан тартып калыптанып калган “кызганчаактыктын” же “ишенчээктиктин” трагедиясы катары гана кала берген. М.Рыскуловдун генералынын образы да ошол салттуу стереотиптин алкагында чечилген – ал кызганчаактык менен ишенчээктиктин курмандыгы.

Бирок, кыргыз театрынын “Отеллону” драматургдун түпкү оюуна ылайык интерпретациялоого интеллектуалдык деңгээли жетет беле деген суроо туулат. Күмөнүм чоң. Маселе, трагедиянын маанисин театрдын терең же терең эмес түшүнгөндүгүндө да эмес. Отеллонун ролун ойноонун өзү дүйнөлүк театр шекспириадасында “кызганчаактык” менен “ишенчээктик” сыяктуу эле бир нече кылымдан бери салтташып кеткен стереотиптерге көз каранды болуп калган. Башкача айтканда, жүздөгөн жылдар боюу театрлар дүйнөлүк шекспириадада калып алган стереотиптен алыс кетишкен эмес. А калыптанып калган стереотип боюнча, “Отеллону” коюуда басым эң биринчи кезекте драмалык кудурети күчтүү артисттерге же улуу трагиктерге жасалган. Ошондуктан, бул трагедияны сахналаштырууда артыкчылык драманын маанисине эмес, генералдын ролун аткара турган драмалык артисттин бардыгына же жоктугуна байланыштуу болгон. Легендарлуу Кинден тартып, Тальма, Росси, Сальвини, Станиславский, Остужевге көз салып көрө турган болсок – баардыгы тең улуу трагиктер же драмалык кудурети өтө күчтүү артисттер. Демек, “Отеллонун” М.Рыскулов үчүн коюлушу салтташкан стереотиптин негизинде гана ишке ашканынын айгинеси экени талашсыз. Андыктан, трагедиянын түпкү маансин ачып берүүгө кыргыз театры анчалык деле умтулган эмес. Спектакль эң биринчи ирээтте актер үчүн – М.Рыскулов үчүн коюлган. Демек, бул факт кыргыз театрында жогоруда аты аталган улуу трагиктердин деңгээлиндеги улуттук артист пайда болду дегендиктин белгиси болгон. Ушундай эле логиканы же стереотипти кийинчерээк С.Жумадылов да Отеллону ойногондо көрөбүз.

Шекспирдин драматургиялык түп нускасынын “ачкычы” чыгарманын өзүндө жатат. Мейли кыргыз театрында болсун, мейли дүйнөлүк театрда болсун Отеллонун финалдык монологундагы “Каралыгым!” деген сөзү өтө чоң пафос менен айтылат. Ага күчтүү басым жасалат. Албетте, улуу англичаниндин образдык шифри биринчи кезекте ушул аныктамага катылганы айныксыз. Бирок, кийинки парадоксту караңыздар – ушул кодду чечмелөөнүн ордуна, эмнегедир дүйнөлүк щекспириада да, анын ичинде кыргыз шекспириадасы да биринчи ирээтте Отеллонун трагедиясы катары анын кызганчаактыгын же ишенчээктигин көргөзүү менен убара болгон. Бир нече кылым боюу элементардуу логикага ылайык төмөнкү суроонун тегерегинде эч ким олуттуу ой жүгүртүпөгөнү бир эсе таң калтырат, бир эсе ойго салат. Эгер чын эле Отелло ишенчээк болсо, анда эмне үчүн ал Ягого гана ишенет да, Дездемона менен Кассиого ишенбейт? Анын Ягого дароо ишенгенинин себеби кайда, төркүнү эмнеде деген суроолорго олуттуу жооп изделбегенинин себептери эмнеде? Ягого Отеллонун дароо жана айныксыз ишенгенинин башкы себеби – анын аң-сезиминде дайыма жашаган олуттуу күмөн саноонун найтыйжасы экенин 20-кылымдын акырында А.Эфрос гана ачып бере алды. Отеллодогу ал күмөн саноосунун түпкү себебин – расалык теңсиздиктин, кемсинүнүн, өксүк комплексинин натыйжасы деп аныктайт. “Кантип эле Венециянын биринчи сулуусу мен сыяктуу кара адамды сүйүшү мүмкүн? Ал менин атак-даңкыма кызыгып жатат. Баары бир бир күнү ал менин көзүмө чөп салат. Сөзсүз ошентет. Анткени мен карамын” деген ой Отеллонун аң-сезиминен терең орун алганын, ошол кара күндү генерал дайыма күтүп жүргөнүн так чечмелейт, А.Эфрос. Ошондуктан Ягонун ушагынан ал өзү күткөн, өзүндө жашаган күдүктүү оюуна дароо жооп алат. Ал Ягого ишенгендиктен эмес, Генералдын бузукуга илгиртпей ишенгенинин эң башкы себеби ушул.

Эми маселенин тарыхый жана социалдык жагына келели. Эгерде, “Отеллого” камтылган расалык маселе дүйнөлүк театрды, анын ичинде кыргыз театрын толкундантпаган болсо, анда миңдеген жылдардын аралыгында жашап келген, далай сан-миңдеген драмалуу жана трагедиялуу окуялардын негизи болгон кулчулук аң-сезимдин табиятын түшүнүүгө адамзаттын кудурети жеткен эмеспи же гениалдуу Шекспир көрө билген бул проблеманы адам коому көнүмүш көрүнүш катары элес албаганбы? Менимче, кудурети да жеткен эмес, көнүмүш көрүнүш катары да кабыл алган. Мына, генийдин башкалардан айырмасы.

“Отелло” сыңары эле кыргыз шекспириадасынын кийинки спектакли Король Лир да дүйнөлүк шекспириаданын стереотиптеринин алкагында гана чечилген. Дэвид Гарриктен тартып кылымдар бою калыптанып калган ошол эле куудай чачты, ага кошумча аппак сакалдуу чалды биз М.Рыскуловдун Король Лиринен да көрдүк.

Бирок, учурунда 20-кылымдын эң көрүнүктүү артисттеринин бири англичанын Пол Скофилд Король Лирди чал эмес, күчүн толуп турган, бийлигине эсирген, манчыркап көпкөн, булгаары бушлат кийген кырк жаштын тегерегиндеги адам катары ойногон. Анын падышалык бийликти кыздарына бөлүштүрүп берип койгон акылсыз чечиминин эң башкы себеби да дал ошол жаш курагына байланышкан максимализмдин, көзүнө эч нерсе көрүнбөй көпкөндүгүнүн натыйжасы катары көрсөткөн. Пол Скофилддин интерпретациясынын оригиналдуулугу – кылымдар бою калып алган стереотипти бузгандыгында турат. Тилекке каршы, кыргыздын Король Лири М.Рыскуловдун аткаруусунда да, К.Медетбековдун трактовкасында да эч кандай оригиналдуулук менен айырмалана алышпайт.

Дүйнөлүк жана кыргыз шекспириадасында калыптанган стереотиптин алкагынан чыгып кете алган кыргыз Лири М.Токтобаевдики. Анын Королу да бийликке эсирген, адамдардын үстүнөн үстөмдүк кылууга манчыркаган, оюуна эмне келсе ошону жасаган адам. Жаш боюнча да карып кете элек. Күү-күчүнөн таймак турсун, тескерисинче энергиясын кайда жумшаарын билбей көөп турган падыша. Менимче, М.Токтобаевдин Лиринин ийгилигинин сыры да ушунда – стереотиптен алыстыгында жатат.

Кыргыз театрынын шекспириадасынын туу чокусу катары, англиялык улуу драматургдун “Бүт дүйнө — театр, а биз анын актерлорубуз” деген аныктамасына толук жооп берген оюн катары, мен И.Рыскуловдун “Ричард III” спектаклин көрсөтөөр элем. Менин түшүнүгүмдө, азырынча бул спектакль көтөрүлгөн бийиктикке, кыргыз шекспириадасынын калган спектаклдери көтөрүлө элек. Гениалдуу англичаниндин адабий түп нускасына тыгыз жакындаган бул спектакль, кыргыздын шекспириадасы гана эмес жалпы эле сахна өнөрүнүн өсүп-өнүгүүсүндөгү эң жогорку бийиктиктердин бири болуп саналат деген ойдомун.

Бүт дүйнө театр, а адамзат анын артисттери экенин режиссер И.Рыскулов менен сценограф Ю.Нурматов көрүүчүлөр залынын ичине киргизе курган аянтча аркылуу чечишкен. Сахна менен көрүүчүлөр залын бириктирген бул аянтча рампанын тоскоолдугун алып таштап, театрдын ичин бир бүтүн чөйрөгө айлантып жиберет. Көрүүчүлөрдүн да, Ричарддын ашынган лицедейчилигине күбө болуп жатышкан оюндун катышуучуларынын көңүлү дал ошол сахна менен көрүүчүлөр залы тарабынан курчалган, алаканга салгандай көрүнүп турган аянтчага бурулган. Оюндун негизги окуялары ошол аянтчанын үстүндө өтөт. Шарттуу түрдө спектаклдин авторлору бул аянтчаны театрдын сахнасы катары бизге сунушташат. Экспресивдүү М.Алышпаев менен психологиялык нюанстардын чебери С.Жумадыловдун Ричардарынын гениалдуу артисттик таланты, адамга окшобогон демондук табияты дал ушул аянтчанын үстүндө алаканга салгандай гана ачылат.

Бирок, тереңирээк үңүлүп карай турган болсок И.Рыскулов “Ричард III” спектаклинде гениалдуу Шекспирдин адабий түп нускасынын табиятын таасын чагылдырууга, ага сахналык толук эквивалент табууга жетишкенин көрөбүз. Не дегенде, 16-кылымдын 90-жылдары драмаларында идеалдуу король издеген улуу калемгер “Ричард IIIдө” капысынан бир ачылыш жасаган. Ал ачылыш, тилекке каршы ушул кезге чейин бийлик табиятынын аксиомасы катары эспетелип келе жатат. Бийликте ыймандык принциптер жок экенин, кызыкчылыктар гана бар экенин гениалдуу драматург “Ричард IIIнүн” образында биринчилерден болуп баамдаган. И.Рыскуловдун “Ричард III” спектаклинде биз ушул циничный кубулушка толук күбө болобуз.

Албетте, кыргыз шекспириадасын иликтөө, ага дүйнөлүк шекспириаданын контекстинде талдоо жүргүзүү, биринчи кезекте улуттук театрдын өкүлдөрү үчүн прикладдык мааниге ээ болууга тийиш. Биз канчалык деңгээлде Шекспирдин түп нускасына жакындаша алсак, ошончолук шекспириадада кылымдар боюу калып алып калган стереотиптерден алыстайбыз да, адам табиятын тереңирээк түшүнүүгө мүмүкүнчүлүк алабыз.

 

© Кулмамбетов Ж.О., 2012

 


Количество просмотров: 2569