Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Кулмамбетов Ж.О., 1999. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 15 октябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Чыңгыз менен Бүбүсайра

(Эки бөлүмдүү драмалык версия)


Жаш жазуучу Ч.Айтматов жана белгилүү балерина Б. Бейшеналиеванын сүйүү байаны

 

                                “Менин жашоомду жарыкка 
                                бөлөгөн ал аял кыргыз
                                искусствосунун жылдызы, атактуу 
                                бийчи Бүбүсайра Бейшаналиева”. 
                                                             Чыңгыз Айтматов. 
                                (Ч.Айтматов, М.Шаханов. 
                                “Плачь охотника над пропастью” 
                                китебинен).

 

Катышуучулар:
Чыңгыз. 
Бүбүсайра. 
Эшмат Ташматов — жазуучу. 
Ташмат Эшматов — жазуучу. 
Асан Үсөнов — партиялык кызматкер. 
Алмакан. 
Асел.

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

БИРИНЧИ САХНА

Кеч күздөгү Ысык-Көл. Күн батып, күүгүм түшөөр маал болуп калган. Айлана ээн. Көлдүн муздак илеби уруп атты. Тээ алыста жээкти бойлоп бир караан илкий басып жалгыз келатты. Улам токтоп, жок жоготконсуп көл тарапка кунт кое тигилет да, анан кайрадан жээкти бойлой жолун улайт. Капысынан көлдүн ортосу тең жарыла берип, үстүндө жалгыз аккуу пайда болду. Жомоктогудай болгон бул ажайып канаттуу “кяк”, “кяк” эткире кусалуу үн чыгарып, томсоргон көлдүн үстүндө жападан-жалгыз сүзүп жүрдү. Жээктеги жалгыз караан жогун тапкан эмече токтой калып, муздак көлдүн үстүндө сүзгөн аккууну тиктеп селейип катып турду. 
Аккуу улам көл жээгинен алыстап, тээтиги каракөк тартып түнөргөн мейкиндикти көздөй жалгыз сүзүп баратты. Анан, көл жээгиндеги жалгыз караандын көз алдында аккуунун силуэти үлбүрөгөн ак көйнөкчөн бийчиге айланды. Көлдүн үстүндө көйнөгүнүн этек — жеңин муздак жел аймалап бийчи алыстап олтуруп, горизонтко жеткенде, же аккуу экени белгисиз, же аялзаты экени белгисиз бүрүл-бүрүл караанга айланды. Анан, түнөргөн көлдүн түбүнө чөктүбү, же күүгүм баскан буурул асманга учуп кеттиби, айтор караан көздөн кайым болду. Бир гана күүгүмдө ээнсиреген көл, жээгинде жетимсиреген жалгыз киши калды…  
Киши. (Кусалуу күбүрөнүп) Не могу поверить!.. До сих пор не могу… (Улутунду) Неужели?! Неужели?! О, боже!.. (Көзү каканактап жашка толду. Бир аздан соң кайрадан илкий басып, жээкти бойлой сапарын улады. 
Киши ошо бойдон көл жээктеп кетип калат беле ким билет, эгерде анын бет маңдайынан утурлап татынакай жаш кыз чыкпаганда. 
Кыз көл жээктеп келаткан караанды атайлап күтүп, кыска пальтосунун жакасын көтөрүп, муздак шамалдан ичиркене бүрүшүп, ары-бери басып турган. Кыязы бул жерде көптөн бери турса керек. Киши кыздын жанына жете бергенде кыз иймене үн салды: 
Кыз. (Иймениңки) Чыңгыз агай… саламатсызбы?.. 
Чыңгыз. (Али өз оюнун туткунунан чыга элек болчу) Саламатчылык… И-и, кызым, эмне турасың бу жерде, жалгыз, күүгүмдө? 
Кыз. (Ого бетер ийменип) Тиги… Сизди күтүп аткам, агай…
Чыңгыз. (Суроолуу тигилди) Хорошо… Эмне сурооң бар эле? 
Кыз. (Ийменгенинен жазбай мукактанып калды) Суроом деле жок… Мен… сизге… бир нерсе окутайын дедим эле… Эгер убактыңыз болсо… (Толкундана, колтугуна кыскан папканы шашкалактап ача баштады) Мына муну… окуп бере албайсызбы? (Топ кагазды Чыңгызга узатты). 
Чыңгыз. (Кол жазмага бир сыйра көз жүгүртүп) Бул эмне? 
Кыз. (Толкундана, жүзү албыра түштү) Киносценарий…
Чыңгыз. Киносценарий?.. Интересно… (Биринчи баракты жүзүнө жакындата окуду) “Чыңгыз менен Бүбүсайра”…
(Кыз уялганынан башын жерден көтөрө албай, оордунда каккан казыктай болуп турду). 
Чыңгыз. (Кыздын уялып турганын байкап, жайгара үн катты) Кызык экен… А бул киносценарий кимдики? 
Кыз. (Зорго үн катты) Өзүмдүкү эле…
Чыңгыз. (Ого бетер кызыга) Жакшы… Жакшы экен, кызым… Сен эми мындай кыл… Мен мунун бүгүн окуп чыгайын… Эртең ушу маалда экөөбүз ушу жерден жолугабыз, жарайбы? 
Кыз. (Толкундана) Макул агай…
Чыңгыз. Баса, атың ким? 
Кыз. (Ого бетер толкундана) Атым-м… Асел. 
Чыңгыз. Асел?..
Асел. (Уялганы ого бетер күчөп) О…оба…
Чыңгыз. Бул да кызык экен… (Кетүүгө камынды). 
(Пауза). 
Асел. (Өзүн колго алып) Агай… Сизди узатып койсом болобу?..
Чыңгыз. Узатып?.. Убактың болсо, өзүң бил…
(Экөө көлдү бойлоп кетип баратышты).

ЭКИНЧИ САХНА

Эртеси. Дал кечээки маал. Көлдүн жээгинде муздак горизонтко анда-санда көз чаптырып толкундана ары-бери басып Асел турду. Улам-улам Айтматов келчү тарапка көз чаптырып коет. Бир аз убакыт өткөн соң алыстан тааныш караан көрүндү. Ал шашпай жай басып келатты. Айтматов жакындаган сайын Аселдин тынчы ого бетер кете баштаганы туюлат. Бирок, өзүн колго алып Айтматовду утурлай басты. 
Асел. (Аптыга) Саламат-сызбы, агай…
Чыңгыз. Саламат… Саламат кызым… Көп болдубу күткөнүңө? 
Асел. (Уялыңкы) Анча деле көп эмес, агай…
Чыңгыз. Үшүп кеткен турбайсыңбы. 
Асел. (Дагы эле уялыңкы, шашкалактай) Сизди күткөнгө чейин да сыртта көп жүргөм… Бирок, үшүгөн жокмун, агай… Жөн эле… толкунданып атам… Ошон үчүн го…
Чыңгыз. Үшүбөсөң эле болду. Кокус суук тийип калса…
Асел. (Дагы шашкалактай) Үшүбөйм — үшүбөйм, агай…
Чыңгыз. Анда көлдү бойлоп басып баратып сүйлөшөлү, э?..
Асел. (Аптыга) Мейли, агай…
(Экөө көлдү жээктеп жай басып жөнөштү). 
Чыңгыз. Киносценарийиңди окуп чыктым, Асел кызым. (Кичине паузадан соң) Жакшы жазыпсың. (Ойлуу) Конечно, бул сенин чындыгың, кызым. Мындай чындыктын дагы жашоого акысы бар. Фактыларды да көп билет экенсиң. Жалпылаганың да жаман эмес… (Кичине паузадан соң) бирок, айрым бир жерлери бар экен… Ойлоп атам да-ошолорду көрсөтүштүн кажети барбы деп. Эми алар өткөн нерселер да… Кайрадан козгоштун анчалык деле зарылдыгы жок болсо керек. 
Асел. (Тартынчыктай, араң батынып) Кайсы жерин айтып атасыз, агай? 
Чыңгыз. Жанагы “Жамийлага” тийиштүү жерин. 
Асел. (Тартына) Туура эмес бекен, агай?..
Чыңгыз. Туура эле… Бирок, ал өткөн нерсе да, кызым. Адамдар ошентип жаңылышат… Анан, кийин кайра түшүнүшөт…
Асел. (Апкаарый, бирок өзүн колго алып) Алар сизди аябай жаман кылышыкан да, агай…
Чыңгыз. Эми андай болгон… Мезгил ошондой болчу. Заман башка болчу. 
Асел. (Тартына, бирок ишенемдүү) Агай, заман ошондой болгону чын… Бирок, алар сизди көрө алышкан эмес, талантыңызды…
Чыңгыз. Андай эмес ко, кызым. Ал түшүнбөөчүлүктөн эле чыккан нерсе болсо керек. Идеология ошондой болчу да…
Асел. (Улам чыйралып) Идеология эмес ко, агай. Таланты жок адамдар таланттуу адамдарды көрө алышпайт да. Айрыкча кыргыздар…
Чыңгыз. Ну, эми… Баары бир ал өткөн нерсе да, кызым. Анан кайрадан козгосок — кээ бирлеринин зээндери кейийт, капа болушат.  
Асел. (Ойлуу) Эмне үчүн адамдар чындыкка таарыныш керек, агай?..
Чыңгыз. Чындык?.. (Кичине паузадан соң) Бул өтө татаал философия, кызым. Чындыктын түбүнө жеткен эч ким жок. Ар кимдин өз чындыгы бар. Конечно, об”ективдүү чындык да бар. (Кичне пауза) Мен сени ынандыра албайт окшойм, ээ, кызым? 
Асел. (Уялыңкы) Ынанып эле атам агай… Бирок… 
(Кичине пауза). 
Чыңгыз. Хорошо. Анда, только конкреттештирели. Аттарын, фамилияларын алып, же өзгөртүп коелу. Мисалы, жөн эле “жазуучу” деп койсо деле болот. Болбосо “Эшмат Ташматов, Ташмат Эшматов” деп өзгөртүп койсо андан чындык бузулбайт. 
Асел. (Тартынчыктай) А, эл түшүнбөй калсачы, агай?.. 
Чыңгыз. Менимче, түшүнөт. (Колтугундагы кагаз салынган папканы алып чыгып барактап, күлө багып) Мисалы, мобул жазуучуну “Эшмат Ташматов” деп коелу, мунусун “Ташмат Эшматов” деп атайлы. А бу аялды просто эле… “Алмакан” деп койсок болот. 
Асел. (Ишенкирбей) А партиялык жетекечини да өзгөртүш керекпи? 
Чыңгыз. Аны деле өзгөртүп коюш керек. Мисалы… “Асан Үсөнов” деп. Андан сенин киносценарийдин чындыгы бузулбайт, кызым. Ну вот, эми окуп көрчү, кызым… 
(Асел колуна сценарийди алып окуй баштады).

ҮЧҮНЧҮ САХНА

Асел. Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсайра Бейшеналиеванын сүйүүсү алгачкы ирээт Ленинградда пайда болот. 1959-жылдардын жайында жана күзүндө Ленинградда “Чолпон” балети фильм болуп тартылып аткан. Бүбүсайра Бейшеналива анда каардуу сыйкырчы Айдайдын ролун аткарчу. 
Ошо кезде Ленинградга Кыргызстандын делегациясы келет. Ал делегацияга Москвадан Горький атындагы Адабий институттун эки жылдык жогорку курсун жаңы эле бүткөн, “Бетме-бет”, “Жамийли” сыяктуу повесттерди орусча журналдарга басылып чыгып, окурмандардын калың катмарына белгилүү болуп калган Чыңгыз Айтматов да кошулат. 
Алгачкы жолугушканга чейин Чыңгыз менен Бүбүсайра бири-бири менен сыртынан гана тааныш болушчу…
(Түнкү Ленинград. Айлана дээрлик ээн. Фонарлардын жарыгында Неваны жээгинде эки караан дайраны тиктеп турушту. Алар Чыңгыз менен Бүбүсайра эле). 
Бүбүсайра. (Кыялдана) Ленинград менин родной шаарым. Бүт балачагым ушу шаарда өткөн. Как-будто өзүмдүн үйүмдө жүргөндөй сезем, Ленинградка келгенде. Өзгөчө “белые ночи”…
Чыңгыз. Да-а,.. Это просто керемет да. (Кичине паузадан соң) Кандай бактылуусуз-ушундай шаарда окуп, ушундай шаардан тарбия алып… Чынында эле бул чоң бакыт да… 
Бүбүсайра. (Жылмайып) Чыңгыз, каалайсызбы, мен сизди эртең биздин училищага алып барайын, Вагановага? 
Чыңгыз. С удовольствием… Сиз сыяктуу жылдызды тарбиялап чыгарган окуу жайын кантип көрбөй кетейин. 
Бүбүсайра. (Күлүп) Жазуучулар, силер образдуу сүйлөгөндү өтө жакшы көрөсүңөр. 
Чыңгыз. Бул образдуу салыштыруу эмес. Чыны ошондой. Сиз чын эле кыргыз искусствосунун Чолпон жылдызысыз! 
Бүбүсайра. (Күлүп, баш чайкай) Кызартпаңызчы кишини. Эки бетим тим эле дуулдап чыкты. Ишенбесеңиз колуңуз менен басып көрүңүзчү (Чыңгыздын колдорун алып, алакандары менен жүздөрүн басат) Ысып кетиптирби? 
Чыңгыз. (Мындайды күтпөгөндүктөн) И-и… Ошондой го… 
Бүбүсайра. (Чыңгыздын колдорун акырын түшүрүп, күлө) Сиз балбан окшойсуз, ээ? Колдоруңуз Кожомкулдукундай эле бар экен. Күрөшчү белеңиз? 
Чыңгыз. (Уялыңкы) Бала кезде эркек балдардын баары эле күрөшөт да. 
Бүбүсайра. (Күлүп) Жеңчү белеңиз? 
Чыңгыз. (Калыбынча) И-и… Көп эле жыкчумун. 
Бүбүсайра. Сиз бийчи болсоңуз жарашмак. Мындай крепкий колдор көтөргөндө, биз өзүбүздү аябай надежный сезебиз. А то, бою бир карыш, билеги куурайдай болгон жигиттер калчылдап көтөрө албай турушса, жаның оозуңа гана келет да. (Күлүп) Ушул убакка чейин кулап түшүп, бир жерим сынбай, аман-эсен жүргөнүмө таң калам. 
Чыңгыз. (Өтө олуттуу) Ылайым андай болбой эле койсун. 
(Экөө ылайыктуу сөз таба албай калгансып, бир далайга үн-сөзсүз сууну тиктеп туруп калышты). 
Бүбүсайра. (Күлүп) Мен сизди мындан ары “Ачинов” деп чакырсам таарынбайсызбы? 
Чыңгыз. “Ачинов” дейсизби? 
Бүбүсайра. (Күлүп) Биз бийчилер дудукпуз да… Сахнада. Так сказать “Му-му”… И, ошон үчүн турмушта да узун сүйлөгөндү жактырбайбыз. Анан мен сизди “Чыңгыз…Айтматов” деп созуп олтурбай эле, кыскача “Ачинов” деп койсом, айтканга аябай удобно. “А-чинов”, т.е. Айтматов Чыңгыз…
Чыңгыз. (Күлдү) Өтө оригиналдуу угулат экен…
Бүбүсайра. Значит, уруксаат бересизби? 
Чыңгыз. (Күлгөнү тыйылбай) Пожалуйста, мага аябай жанып атат. “Ачинов”. Мени бир да киши минтип эркелеткен эмес. 
Бүбүсайра. (Күлүп) А сиз мени просто эле “БыБы” деп коюуңуз. 
Чыңгыз. (Тайсалдай) Жок, мен антип айтпаймын. Мен сизди жөн эле “Бүбүсайра” дейин. 
Бүбүсайра. (Жароокер) Өзүңүз билиңиз. Кыйнамай жок. 
(Узакка созулган пауза). 
Чыңгыз. (Толкундана аптыгып) Мен сизди башкача элестетип жүргөмүн…
Бүбүсайра. (Күлүп) Окшош бекемин элестеткениңизге? 
Чыңгыз. (Толкунданганы күчөп) Аябай шайыр, ачык-айрым жан турбайсызбы. 
Бүбүсайра. (Күлүп) С большим юмором? 
Чыңгыз. (Толкундана) Да…
(Пауза). 
Бүбүсайра. (Күлүп) А мен коркуп кетпедимби…
Чыңгыз. (Аптыга) Эмнеге? 
Бүбүсайра. (Жароокер күлүп) “Башкача элестеткем” дегениңизде, образым окшобой калган го деп ойлоп… 
Чыңгыз. (Үнү дирилдеп) Наоборот, мен сизден коркуп атам…
Бүбүсайра. (Күлүп) “Народная артистка СССР, прима-балерина болсо” деппи?..
Чыңгыз. (Мукактана) Ну… Кандай десем… Мен сизди башынан эле теңдешсиз сулуу аялзаты катары эсептеймин. Анын үстүнө сиздин талантыңызды өзгөчө сыйлаймын. Сизге дайыма суктанууу менен мамиле кылчумун… Анан…капысынан эле сиз экөөбүз ушинтип чогуу сейилдеп басып калсак…киши түш көргөндөй болот экен…
(Пауза). 
Бүбүсайра. (Капысынан үнү дирилдей) “Кыргызстандын делегациясы келатат Ленингардга. Арасында Чыңгыз Айтматов бар экен” деп укканда өзүмдөн-өзүм эле жүрөгүм алып-учуп, токтоно албай…бир кызыктай болуп аттым…
Чыңгыз. (Ого бетер толкундана) А мен сизди “Авроранын” палубасынан адеп көргөнүмдө денемди ток аралагандай боло түштүм!.. 
(Экөө бири-бирин тиктешип, анан ийменишип жер карашты. Чыңгыз Бүбүсайраны көздөй колун узатып, анын колунан аяр кармайт. Анан экөө бири-бирине тартылып, кучакташып, көпкө чейин кумарлана өбүшүп калышты). 
Чыңгыз. (Өрөпкүй) Я люблю тебя! 
Бүбүсайра. (Өрөпкүлөй) Я тоже!.. 
Чыңгыз. (Аябай толкундана) Я всегда искал тебя! 
Бүбүсайра. А я всегда ждала тебя! 
(Чыңгыз Бүбүсайраны так көтөрүп ала коюп тегеретет. Бүбүсайра бактылуу күлүп, Чыңгыздын эркинде тегеренип атты).

ТӨРТҮНЧҮ САХНА

Асел. Сүйүүнүн кайталангыс көз ирмеми… ал кандай болот? Билбейм. Ошол жазда Чыңгыз менен Бүбүсайра “Москва — Алматы” поездинде, жумшак купеде бирге сапар тартып баратышкан. Эки сутка артта калып, Алматыга жетээрге аз калган. 
(Купеде Чыңгыз Бүбүсайранын тизесине башын коюп, ындыны өчүнкү олтурду. 
Пауза). 
Бүбүсайра. Ачинов, эмнени ойлоп атасың? 
Чыңгыз. (Терезени тиктеген калыбында) Экөөбүз жөнүндө… Биз эмне үчүн эрте жолуккан жокпуз, ошого өкүнүп атам. Анда баары башкача болмок... 
Бүбүсайра. Тагдырдын жазганы ошол болсо керек (Чыңгыздын башынан сылап олтурду). Бирок, баары бир биз кездешпедикпи. Кокус кездешпей кетсек эмне болот эле… 
(Кичине пауза). 
Чыңгыз. (Үшкүрүнүп) Ичим өрттөнүп кетип атат…
Бүбүсайра. Эмнеге? 
Чыңгыз. Эртең экөөбүз Алматыга жетебиз. Анан Фрунзеге бет алабыз… Кайрадан корунуп, жашырынып, бири-бирибизге чоочун болуп… Элдин көзүнчө башыбызды ийкешип учурашып… Тоюп кеттим ушундай жашоого!..
Бүбүсайра. (Эркелетип) Ага кейибе, жаным… Башкача болушу мүмкүн эмес. 
Чыңгыз. (Моюн толгоп) Эмне үчүн мүмкүн эмес?! Баары биздин колубузда!.. Биз кандай кааласак-ошондой болот. 
Бүбүсайра. (Жумшак) Аның чын, жаным. Баары биздин эркибизде… Бирок…
(Кичине пауза). 
Адамдар баш кошуп бирге жашаса — сүйүү өлүп калат дешет ко…
Чыңгыз. (Моюн толгоп) Андай болушу мүмкүн эмес!.. Экөөбүздүкү башкача болмок…
Бүбүсайра. (Чыңгыздын чачынан сылап) Ишенем, жаным, ишенем… (Кичне паузадан соң) Бирок… адамдар бири-бирин күн сайын, саат сайын, мүнөт сайын көрө берсе… кандайдыр бир таинственность жоголуп кетиши мүмкүн да… 
Чыңгыз. (Моюн толгоп) Катуу сүйүшкөн адамдардын ортосунда андай болушу мүмкүн эмес…
Бүбүсайра. (Калыбынан жазбай) Балким… сеники да туурадыр… (Кичине паузадан кийин) Ошентсе да адамдар бекер айтпаса керек — күнүмдүк көртирлик сүйүүнү өлтүрүп коет дешип. 
Чыңгыз. (Моюн толгогон калыбында) Чыныгы сүйүүнү көртирлик өлтүрө албайт!..
Бүбүсайра. (Калыбында) Да?.. (Кичине паузадан кийин) Ачинов карачы, тээтиги талааны!..
(Чыңгыз Бүбүсайра көрсөткөн тарапты карады).
Ушунчалык кооз экен!.. (Бактылуу үшкүрүп) Карачы, табияттын кереметин!..
Чыңгыз. Да-а… Просто, укмуш экен…
(Экөө терезенин жанына келип талааны суктана тиктеп турушту). 
Бүбүсайра. (Чыңгыздын далысына башын коюп) Билесиңби Ачинов, мен азыр эмнени ойлоп атам? 
Чыңгыз. Эмнени? 
Бүбүсайра. Жашоо өзүнүн ушундай мүнөттөрү, сааттары менен сулуу болсо керек деп атам. (Кичичне паузадан кийин) Сен, анан мен… жол… Момундай сулуу табият… Адамдын эсинде ушундай гана учурлар калат болсо керек… Мен көп эле сулуу жерлерди көргөм, бирок табияттын сулуу экенин бүгүнкүдөй сезген эмесмин. 
(Кичине паузадан соң) Анткени… баардык нерсени сулуу кылып аткан экөөбүздүн сүйүүбүз… Айтчы, Ачинов, бу эмне бакыт эмеспи? 
Чыңгыз. Бакыт, жаным, бакыт!.. (Бүбүсайраны ийининен кучактап өзүнө кысып-кысып койду). 
Бүбүсайра. (Жаркылдай күлүп) Ошентсең… Сен капа болсоң мен эмне кылаарымды билбей калып атам…
Чыңгыз. Мен да жаман болуп атпаймынбы…
Бүбүсайра. (Эркелей) Түшүнөм, жаным, түшүнөм. (Алысты тиктей) Балким андай күн да келээр…
Чыңгыз. (Бүбүсайраны ого бетер өзүнө кысып) Ал экөөбүздүн гана колубузда, жаным!..
Бүбүсайра. (Кайрадан талааны тиктеп) Ачинов, ушул мүнөттөр тууралуу повесть жазчы, макулбу?
Чыңгыз. (Өрөпкүлөй) Жазам, жаным, жазам!.. Уже кыялыма жаңы сюжет келип атат. башкы каарманыны аты Асел!..
Бүбүсайра. Асел? 
Чыңгыз. (Эргий) Ооба, Асел!.. Асел менин — кызыл жоолук жалжалым! (Бүбүсайраны туурасынан шарт көтөрүп, экөө бактылуу өбүшүп атышты. Терезеден кирген шамал экөөнүн чачын желбиретип учуруп, поезд сапарын улап баратты).

БЕШИНЧИ САХНА

Асел. 60 — жылдардын башы эле. Ошол күнү Кыргызстан жазуучулар Союзунун кезектеги пленуму өтүп аткан. Трибунага атактуу жазуучу Эшмат Ташматов көтөрүлдү. 
Эшмат Ташматов. Жолдоштор!.. Жолдош, урматтуу Асан Үсөнович! 
Биздин советтик кыргыз жазуучулары бул пленумга бир кыйла жетишкендиктер менен келди. Аны жолдош, урматтуу Асан Үсөнович докладында эң таасын айтып өттү. Менин айтайын дегеним башка, жолдоштор. Дүйнөдөгү эң алдыңкы совет мамлекетин, социалисттик коомду куруунун канчалык машакаттуу, канчалык кыйын болгону баарыбызга белгилүү. Мындай, эзүүдөн эркин адамзат коомун курууда советтик адамдын образын ар тараптуу даңзалашыбыз керек да. Ал эми биздин айрым жазуучуларыбыз, тескерисинче ошол алдыңкы совет адамынын оң образына терс боекторду шыбап, биздин социалисттик коомдун салтанаттуу традицияларына, моралына кадимкидей көкөлө түшүрүп, аморалдуу окуяларды жазып атышканыда жалган эмес, жолдоштор. 
Залдагы үн. Ачык айтыңыз. 
Эшмат Ташматов. Ачыгын айтсам, жанагы журналист балачы… ошо журналист бала…
Залдагы үн. Фамилясын ачык айтпайсызбы. 
Эшмат Ташматов. Ошо журналист бала… Айтмат деген. 
Залдагы үн. Айтматов. 
Эшмат Ташматов. И-и, ошо Айтмат деген журналист бала. 
Залдагы үн. Айтмат эмес, Айтматов. 
Эшмат Ташматов. И-и, мен дагы ошону айтып айтпаймынбы... Айтматты. Ошо журналист бала бир повесть жазбадыбы “Жамийла” деген… Эми, ачыгын айтыш керек жолдоштор… “Жамийла” бузулуп кеткен аялдын образы. Эмне үчүн биз — советтик жазуучулар, коммунисттер ушундай бузулган аялды даңазалап жазып атса ошо менен келишишибиз керек?..
Залдагы үн. Луи Арагон мактап атпайбы, Францияда. 
Эшмат Ташматов. Луи Арагон мактаса эмне экен?! 
Залдагы үн. Ал да коммунист да. 
Эшмат Ташматов. Ал капиталисттик мамлекеттин коммунисти. Луи Арагонуңар кыйын болсо бизчилеп Францияга коммунизм куруп алсын!.. Мен ушинтип эле чындыкты бетке айтып коемун!.. Анан, ошо, жолдоштор, жанагы “Жамийлага” келсем, тиякта күйөөсү кан кечип, фронтто, социалисттик, советтик Ата мекенин коргоп, гитлердик фашизмге каршы кашык каны калгыча согушуп жүрсө, биякта Жамийла каяктагы бир чолок… Даниярды ээрчитип кеткен эмне деген тамтык?!.
Залдагы үн. Сүйүү да. 
Эшмат Ташматов. Андай сүйүү болбойт!.. Күйөөсүндөй патриоттуу чанган сүйүү да сүйүүбү?! Андайды шермендечилик дейт, сүйүү эмес эле!..
Залдагы үн. Данияр патриот эмеспи? Ал дагы Ата мекенин коргоп чолок болуп атпайбы? 
Эшмат Ташматов. Бирөөнүн аялын бузуп алган андай патриот патриот эмес! Анан ушундай бузулган немелерден биздин советтик жаштар кандай таалим-тарбия алышат?! (Залга) Мен силерден сурап атам? Жолдоштор?! 
(Кичине пауза). 
Мындай чыгарманы кандай киши жазат? Өзү моралдык жактан бузулган, коммунисттик кызыл белетке татыктуу эмес кишилердин гана колунан келет — мындай бузулган сүйүүнү даңазалоо. Билебиз биз, жанагы журналист баланын эмне иш кылып жүргөнүн? 
Залдагы үн. Эмне иш кылып жүрүптүр? 
Эшмат Ташматов. Эмне кылып жүргөнүн баарыңар эле билесиңер!.. Алмончоктой аялы турса, тиякта… Муну аморалдуулук дейт!..
Залдагы үн. Ачык эле айтпайсызбы. 
Эшмат Ташматов. Убак-сааты келсин — ошондо айтылат айтылчулар!.. Сөздүн кыскасы, жолдош, урматтуу Асан Үсөнович, жанагы советтик жазуучунун, коммунисттин ыйык атына туура келбеген журналист баланын…
Залдагы үн. Айтматов…
Эшмат Ташматов. Ошо… Айтматтын кылыктарына тиешелүү чара көрүүнүн ордуна, кайра ЦК колдоо көрсөтөт экенсиздер, чоң кызмат берип, жетекчиликке коюп. Ушинтип отурсак эртең эле советтик коомубуз бузулуп кетпейби!..
Залдагы үн. Сунушуңузду ачык айтпайсызбы. 
Эшмат Ташматов. Сунушумду эчак эле ЦКга жазып бергемин. Жолдош, урматтуу Асан Үсөновичтин алдында жатат. 
Залдагы үн. Тоголок эмес беле? 
Эшмат Ташматов. Тоголонбогон эле ап — ачык кат. Ошону карап бергиле, жолдош, урамттуу Асан Үсөнович! 
Эми, жолдоштор, биздин жалпы совет элибиз сүйүктүү, кеменгер, акылман, көрөгөч коммунисттик партиябыздын жетекчилиги менен коммунизмди куруучулардын моралдык кодексин алган учурда, биринчи кезекте биз — жазуучулар моралдык жактан кристаллдай таза болушубуз керек!.. Мына ушуга баарыңарды үндөймүн!.. 
(Трибунадан түшүп кетти. Шатыра — шатман кол чабуулар). 
Төрага кылуучунун үнү. Сөз жолдош жазуучу Ташмат Эшматовго берилет. 
(Трибунага жашы отуз менен кырктын ортосундагы Ташмат Эшматов чыкты). 
Ташмат Эшматов. Жолдоштор! Жолдош, урматтуу Асан Үсөнович! Мен өтө кыска сүйлөймүн. Айтчу сөздүн баары докладда аябагандай туура айтылды. Андан кийин Эшмат Ташматович да эң сонун айтты. Мен ушу кишинин сөзүнө толук, 100% кошуламын! Бизди лениндик кызыл белетти төш чөнтөгүбүзгө салып жүргөн советтик жазуучуларды советтик интеллигенциянын эң алдыңкы өкүлдөрү деп коет! Биздин коммунисттик коомдун эң аң-сезимдүү бөлүгү биз болуп эсептелебиз, жолдоштор! Эл бизден үлгү алат. Карапайым калк бизге карап түздөнөт. Анан биздин моралдык турпатыбыз Эшмат Ташматович айткандай эң таза, эң бийик болмоюнча советтик жазуучунун ардактуу наамына жооп бере албайбыз, жолдоштор! Биз өзүбүздүн жүрүм — турумубуз сүйлөгөн сөзүбүз, кылган ишибиз, жазган чыгармаларыбыз менен карапайым калкка дайыма эң жогорку үлгүлөрдү көрсөтүшүбүз керек! Ошондо гана коммунист деген бийик наамга, советтик жазуучу деген ыйык атка татыктуу боло алабыз! Ал эми өзүнүн ыплас жүрүм — туруму менен советтик жазуучулардын атын булгагандарга арабыздан орун жок, жолдоштор! Бир жагынан кызыл белетти чөнтөгүнө салып коюп, экинчи жагынан коммунисттин бийик наамына туура келбеген жорук-жосундарды жасап жүргөн эки жүздүүлөрдүн бетин ачып, катарыбызды тазаламайынча, биз эч качан калың элге үлгү боло албайбыз! 
Залдагы үн. Бултактатпай ачык, айт, ой…
Ташмат Эшматов. Мен ап-ачык эле айтып атам. Баарыңар эле түшүнүп турасыңар ким жөнүндө сөз болуп атканын. Калп эле аңкоо боло калбагылачы, бир паста. 
Залдагы үн. Ачык эле айтып койбойсуңбу, коркуп атасыңбы? 
Ташмат Эшматов. Коркпойм!.. Эмнеге корком?! Мен деген коммунистмин!.. Советтик жазуучумун! 
(Кичине пауза). 
Сөздүн кыскасы, ошондой жазуучуларды ашкерлөө ар бирибиздин милдетибиз, жолдоштор!.. Мен бүттүм! (Трибунадан түшүп кетти. Кол чабуулар).

АЛТЫНЧА САХНА

Асел. Пленумдун ортосунда тыныгуу учуру болчу. 
(Пленум өтүп аткан залдын фоэсинде көңүлү аябай көтөрүңкү, маашырланган Эшмат Ташматов тамеки чегип турду. Фоэнин тиги башынан калдаңдаган Ташмат Эшматов көрүндү). 
Ташмат Эшматов. (Эшмат Ташматовдун колун катуу кысып, силкидете) Абдан туура айттыңыз! Сөөктү агарттыңыз, тим эле!..
(Кичине пауза). 
Эмне мынча эле Айтматовду алчактатып ийдик, билбейм. Ашып кеткен деле таланты жок ко. Сиздер сыяктуу залкарлар турса биякта, “Айтматов, Айтматов” эле дешет, кыргызда Чыңгыздан башка жазуучу түгөнүп калгансып. Айтматовдун кантип атын чыгарып атканын деле билебиз да. Мухтар Ауэзов табыштаптыр да, Арагонго. Экөө дос турбайбы — Ауэзов менен Арагон. Айтматовоңуз Ауэзовдун кара чечекей бөлөсү турбайбы. Анан колдошот да, бири-бирин. 
(Кичине пауза). 
“Журналист бала” деп аябай туура айттыңыз. Чынында Айтматов жазуучу эмес да. Окуп жүрөбүз го жазгандарын… (Мылжыйп күлүп) Эми, зоотехник экен, колунан келгени ушу да, бечеранын… Бирок, ушуга чейин ачык айтылбай келбедиби. Башында эле Айтматовоңуздун толорсугун тартып койгондо, мынчалык болбойт эле да — бузулган аялды оң каарман кылып көрсөтүп!.. Сиз туп-туура айттыңыз — шермендечилик бул! Биз ошентип жазалычы — ЦКдагыларыңыз тим эле бырпыратып баса калсын. Анан эле Айтматовго алдары жетпейт экен, эмне коркок билиштери бар экен билбейм?..
Эшмат Ташматов. (Өзүнчө) Заман өзгөрүп кетти да… 37-жыл болгондо көрөт элем!..
Ташмат Эшматов. (Көзүн кыбыңдатып, башын ийкеп) Анда атууга кетмек да, атасына окшоп. (Мылжыйып күлүп) Деги Эшеке, бу, “эл душманынын” баласы баары бир эл душмандыгын кылат экен да...
Эшмат Ташматов. (Өзүнчө) “Бөрү баласы ит болбойт” деген ошо да. 
Ташмат Эшматов. (Жанталаша башын ийкегилеп) Ошону айтпайсызбы!.. (Дагы мылжыйып күлүп) Анын үстүнө Эшеке Чыңгызыңыз өзү да булгаган жигит да жана өзүңүз айткандай… Жанагы Бүбүсайрада да бет жок тура!? Артистканын кылаары ушу да. 
(Кичине пауза). 
Муну бүт эле билет экен. Экөө кадимкидей эле эрди-катындай болуп ээрчишип жүрүшкөнүн дайым эле көрүп атышыптыр да…
Эшмат Ташматов. (Кыжырлуу) Беттери түгөнгөн экен да! 
Ташмат Эшшматов. (Жан-алы калбай эпилдеп) Ошону айтпайсызбы!.. Өзү ушундай бузук болсо, анан Жамийладай бузук аялды жазат да!.. (Киңкилдеп күлүп ийди). 
(Ошол учурда тигилердин жанына Алмакан келе калды). 
Алмакан. (Уялыңкы) Агай, сизди Асан Үсөнович издетип атат ко…
(Эшмат Ташматов жай, маанилүү басып кетти). 
Ташмат Эшматов. Айттыңбы? 
Алмакан. (Түшүнбөй) Эмнени? 
Ташмат Эшматов. Чыңгыз менен Бүбүсайранын соо эмес экенин. 
Алмакан. (Дагы эле түшүнбөй) Кимге? 
Ташмат Эшматов. (Орой) Керезге!.. Чыңгыздын катынына!.. 
Алмакан. Эмне мынча корсулдайсың? 
Ташмат Эшматов. Анан дөдөй боло калып атпайсыңбы, бир паста. 
Алмакан. (Чүйрүңдөп, жактырбай) Адам деген унутуп калса болбойбу? 
Ташмат Эшматов. (Кызалаңдаганы бир аз тарай) Болуптур, болуптур… И-и, иш бүттүбү, анан? 
Алмакан. (Кырс) Бүткөн жок. 
Ташмат Эшматов. Эмне үчүн? 
Алмакан. Керезиңди тааныбасам, алды-кийин жакшы билбесем…
Ташмат Эшматов. (Кайра кызалаңдай) Өзүң билбесең айттырбайсыңбы, бирөөнөн!..
Алмакан. (Ого бетер кырсыйып) Андай кыйын экенсиң, өзүң деле айттырбайсыңбы, бирөөнү таап….
Ташмат Эшматов. (Кызалаңдаганы жасылбай) Сен деген аял кишисиң!.. Аял менен аял оңой тил табышат. (Кичине пауза) Сага ишенсе... 
Алмакан. (Кырс) Жакшы эле кызматыңды кылып берип атам го, ыя?! Тиякка жумшайсың-телпилдеп барам. Биякка жумшайсың-телпилдеп барам. 
Ташмат Эшматов. (Кыйкырып ийе жаздап) Бекер кылып берип атасыңбы?! Эгер мен болбосом, көрөт элем сени!..
Алмакан. (Ого бетер кырс) Сен эмне Кудай бекенсиң?! Сенден кыйындары да бар, керек болсо!.. Же мага сенден башка ойнош табылбай калат деп турасыңбы? Любоюн кармап алам. 
(Кичине пауза). 
Ташмат Эшматов. (Эсине келе, жумшарып) Болду эми, катуу кетпе. Жаным күйгөндөн айтып атпаймынбы. Ушунча убактан бери Керезге бир ооз шыбырап койгонго жарай албай атсак…
Алмакан. (Кырсыйганы жасыла) сен да мурдуң менен бир тийбе да, дароо эле. Аракет кылып атам, мен деле. Эмне кылайын, Керезиң тымпыйып боюна киши жуутпаган неме экен. 
Ташмат Эшматов. (Жумшарып) Мээси жок аял да. Эри тиякта тигинтип эсирип жүрсө… (Кичине паузадан соң) Бүбүсайрага айт, анда. 
Алмакан. Эмне деп? 
Ташмат Эшматов. Чыңгыз экөө үйлөнсүн да! (Мылжыйп күлүп) Андай эле экөөнүн сүйүүсү күч экен — бир жаңсыл болуп тынышпайбы, биротоло. 
Алмакан. (Кыртыштап) Бүбүсайра менен эле Чыңгыз болсо экөөбүздүн тилибизди ала коет. Биз ким экенбиз аларга. 
Ташмат Эшматов. Алат эле, жүйөөсүн келтирип айтсаң. “Ушинтип эле-журтка ушак болгондон көрө баш кошуп алгыла” де да. Ой, артист дегениңдин баары эле өз мээси менен иштебеген немелер болушат. Жанагы режиссер, тиги балетмейстерлер “ары тур, бери тур, тигиндей бол, мындай бол” дегенге көнүп алган немелер да. Жакшылап туруп ишендирсең эле…
Алмакан. (Жактырбай) Кишини кыйнайсың да, ушинтип, дайыма. 
Ташмат Эшматов. За то, кийин жыргайсың! (Сөөмөйүн кезеп) баардык нерсенин акыбети кайтайт. 
Алмакан. (Какшыктап) “Бүбүсайранын оордуна Чыңгыз сени алат” дечи. 
Ташмат Эшматов. (Жарылып) Кандай эле “Чыңгыз, Чыңгыз?!”.. Кыргызда Чыңгыздан башка киши жокпу, ыя?! 
Алмакан. (Тыйып) Акырын!.. Эл угат!..
Ташмат Эшматов. Жанымды күйгүзбө да анан, сен!..
(Пауза). 
Алмакан. Тамашаны да түшүнбөйсүңбү. (Эркелете) Мага сенден башка эркектин кереги жок, келесоо…
Ташмат Эшматов. (Жумшарып) Антип тамашалабай жүрчү… (Кичине паузадан кийин) Жыйналыш бүткөндөн кийин эле бара кал, ээ? 
Алмакан. (Кылыктана) Каякка? 
Ташмат Эшматов. Бүбүсайрага деп атпаймынбы. 
Алмакан. (Шагы сына) Барам…
Ташмат Эшматов. (Шыбырай) Качан жолугабыз?..
Алмакан. Качан кааласаң  — келе бер, эшигим ачык да. 
(Ошол учурда коңгуроо кагылып, тигилер жыйналыш өтүп аткан залга бет алышты).

ЖЕТИНЧИ САХНА

Асел. Сүйүү деген, көрсө адамды бактылуу гана кылбастан, андан өтө чоң курмандыкты талап эте турган касиет болот тура. Андай касиетке адамдын баардыгы эле ээ боло бербейт экен. Сүйүү үчүн өзүн курмандыкка чалуу инсандын рухий масштабына, акылына, сабырдылуугуна байланышкан улуу сапаттардын бири окшойт…
(Бүбүсайра Бейшеналиеванын квартирасы. Бийчи репетиция жасап аткан. Аңгыча эшиктин коңгуроосу чыркырады. Бүбүсайра репетицияны токтотуп, үстүнө халат жамынып коридорго чыгып кетти да, бир аздан кийин Бүбүсайра менен Алмакан үйгө киришти). 
Алмакан. (Кабагын бүркөп) Жазуучулардын жыйналышынан келатам… просто ужас!..
Бүбүсайра. Эмне болду? 
Алмакан. Эмне болсун… Жанагы чал акмак турбайбы!..
Бүбүсайра. Кайсы чал? 
Алмакан. Жанагычы… Ташмат Эшматов деген немечи…
Бүбүсайра. (Жылмайып) Какой он чал. Еще цветущий мужчина. 
Алмакан. Мужчина болбой мумуран калсын!.. Чыңгыз экөөңдү тим эле өлөөрчө жамандабадыбы, акмак! Прямо трибунадан туруп алып…
Бүбүсайра. (Кооптоно) Эмне деп жамандады? 
Алмакан. Эмне десин… Айтты… (Мукактанып калды). 
Бүбүсайра. (Чыдамы кетип) Эмне деп айтты?..
Алмакан. Сени Жамийлага салыштырып атпайбы…
Бүбүсайра. (Ого бетер кооптонуп) И-и?..
Алмакан. “Бузулуп кеткен аял” деди, сволочь!..
Бүбүсайра. (Көңүлү чөгө) Прямо ошентип айттыбы? 
Алмакан. Айтты ошентип. Бержакта туруп жерге түкүрдүм, тим эле. Просто, катын экен да, жазуучу эмес эле! Ушундай кантип эркек болсун!.. Эмне иши бар, ыя, экөөң менен. Сүйүшөсүңөрбү — коюшасыңарбы — ал силердин ишиңер да, туурабы? Өзү таза дейсиңби, аның. Далай кыз-келиндин убалына калган неме да. Көрүнүп турбайбы, жылпыштап. Аялды көргөндө тим эле көзүнөн май таамп кетет экен, ары жок!..
(Кичине пауза). 
Ушинтип элге — журтка сөз болгуча ачыкка чыгышпайсыңарбы? Сразу баарынан оозу жап болот…
Бүбүсайра. (Ойго чөгө) Андай болбойт…
Алмакан. (Сынай) Эмнеден коркуп атасыңар?..
Бүбүсайра. (Ойлуу) Эмнеден болсун…
Алмакан. Экөөң тең атактуусуң. Эч ким силердин богуңарга куурай сая албайт, ты понимаешь? Эч ким! Чыңгызды Москва өзү колдойт. Арыжакка шарт-шурт чечип таштагыла да, чое бербей. Болбосо ушинтип көрүнгөн оозуна келгенин сүйлөй берип, бүт Кыргызстанга жаманатты болосуңар. 
(Кичине паузадан кийин). 
Деги бири-бириңерди сүйөөрүңөр чынбы? 
Бүбүсайра. (Аргасыз жылмайып) Сүйбөсөк ушинтип баарына чыдайт белек. 
Алмакан. (Шыкактап) Анда болду да!.. Чыңгыз сага, сен Чыңгызга ишенсең бүттү да. 
(Бүбүсайра унчукпайт). 
Же сен ишенбейсиңби? 
Бүбүсайра. (Ойлуу) Ишенем…
Алмакан. Анда эмне карап турасың?.. (Кичине паузадан соң) Же Чыңгыз каалабай атабы? 
Бүбүсайра. (Улутуна) Кантип каалабасын…
Алмакан. Может быть коркуп аткандыр деп ойлоп атпаймынбы, апасынан. Айткан турбайбы: “Керез менен ажырашсаң — топурагымды үйүп берем” деп. 
(Бүбүсайра унчукпайт). 
Эми келинине боору ооруп айтып атат да. Если Чыңгыз экөөңөр үйлөнүп калсаңар — аргасыздан көнөт да, каякка бармак эле. Кайсы эле эне баласынан кечсин. Просто опуза кылып атканы. 
Бүбүсайра. (Ойлуу) Кеп Чыңгыздын мамасында деле эмес… 
Алмакан. Анан эмнеде? 
Бүбүсайра. (Ойлуу) Эмнеде… эмнеде… Чыңгыздын бактысына балта чапкым келбейт. 
Алмакан. Сөзүңө түшүнгөн жокмун. 
Бүбүсайра. (Ойлуу) Түшүнбөй турган эч нерсеси жок. Чыңгыз экөөбүз үйлөндүк дегиче эле иштин бүткөнү да. Ташмат Эшматовуң баш болуп, тепсеп кетишет, Чыңгызды. Ты же прекрасно знаешь… Эртең эле “бузулуп кеткен, эки жолу үйлөнгөн” деп туруп партиядан чыгарып коюшсачы. А партиядан чыккандан кийин билесиң да эмне болоорун — бүт жолунун баарын торолот. 
Алмакан. (Кол шилтеп) Койсоңчу… Чыңгызың простой жазуучу болсо, конечно ошентишмек. 
Бүбүсайра. (Көңүлү чөгө) Слишком наивно думаешь. 
Алмакан. Эч кандай наивно эмес эле, туп-туура эле айтып атам. Просто, сен коркконго кош көрүнөт болуп атасың да. (Жаны күйүп). Анан ушинтип, ар кимге сөз болуп жүрө бергениңер жакшыбы?!. 
Бүбүсайра. (Баш чайкап) Эмне кыл дейсиң анан…
Алмакан. Давай, мен Керезге айтайын? 
Бүбүсайра. (Чочуп) Эмне деп? 
Алмакан. “Экөө бири-бирин сүйөт. Уруксаат бериңиз. Түшүнүңүз. Суранып атышат. Мени жиберишти” дебейминби. Если, Керез унчукпаса эле, силерге эч ким асылбайт. Айтып-айтып калып калышат. 
Бүбүсайра. Нет, нет, нет!.. Андай оюңду кой… Пусть все так будет. 
Алмакан. (Айласы кете) Вообще… я не понимаю тебя!…
Бүбүсайра. (Күлө) Эти наши проблемы. Пожалуйста, оставь нас в покое. Ырахмат заботаңа. 
Алмакан. (Нааразы боло кол шилтеп) Ай!.. (Өзүнчө) Сволочь!..

СЕГИЗИНЧИ САХНА

Асел. Француздардын улуу драматургу, комедиографы Жан-Батист Мольердин лакапка айланган өлбөс-өчпөс чыгармасы бар, “Тартюф” деген. Элдин көзүнө тим эле ыйык болуп көрүнгөн диндин өкүлү, иш жүзүндө “сырты жалтырак, ичи калтырак” накта ыплас адам экенин анын кылган ишинен көрүп, Тартюфка чаң жугузбай жүргөндөрдүн көздөрү чанагынан чыгып кете жаздайт. Анын сыңарындай тартюфтар баардык мезгилде, баардык коомдо, баардык түзүлүштө жашай беришет экен… Кош кабат стандарт, кош кабат мораль дегениң, чиркиндикти өтө эле “живучий” болот турбайбы. 
Баарынан ыймансыздыгы — ошондой адамдар элге ыйман үйрөткүсү келет! 
(Алмакандын квартирасы. Эшиктин коңгуроосу “чыр-р!” этти). 
Алмакан. (Ичкериден) Баратам, азыр. (Ички бөлмөдөн халатчан чыга келип, эшикти ачты. Сырттан Ташмат Эшматов кирди. Экөө эзилише кучакташып, өбүшүп турушту. Анан Ташмат Эшматов Алмаканды шарт көтөрүп ала коюп ички үйгө жөнөдү). 
Алмакан. (Наздана тыбырчылап) Кое тур эми, кире элек жатып эле, короздой эле баса каласың да кишини…
Ташмат Эшматов. (Энтиге дем алып) Өлүп баратпаймынбы, жаным!..
Алмакан. (Күлүп) Мурду жок букадай эле болуп калыпсың да. Деги аялыңдын койнуна жаттың беле, түндө? 
Ташмат Эшматов. (Кол шилтеп) Жатат да бир дөңгөч. Же ысыгы жок, же суугу жок. (Өрөпкүп) Жаным, ий, жаным!.. Өх! Кире калалычы тиякка…
Алмакан. (Таарынымыш этип) Эси-дартың эле ушу. Жок дегенде кичине сылап-сыйпап…
Ташмат. (Демигип) Ушу деп жүрөбүз да, жаным!.. Ушундан өткөн ырахат барбы. 
Алмакан. (Мурчуюмуш этип) Кичине адамды ийитсең боло, адегенде. 
Ташмат Эшматов. Эми, постелде эле ийип кетесиң да, жаным!..
(Ички бөлмөгө көтөрүп кирип кетет. 
Пауза. 
Экөө бир паста эле кайра чыга калышат, оңдонуп-теңденип). 
Алмакан. (Үтүрөйүп) Ушунуң жаман да. Өзүңдү эле ойлойсуң, дайыма. “Корозсуң” десем, чычалайсың, анан. Мени да ойло да, сен го эки мүнөткө жетпей эле ээрип кетет экенсиң…
Ташмат Эшматов. (Жасакерлене) Ушинпечи, эми жаным. Анан деле убакыт бар да. Ошондо… (Ойдолоп келип Алмакандын бетинен чоп дегизе өөп коет). И-и, сүйлөчү. Эмне болду? Бардыңбы Бүбүсайрага? 
Алмакан. (Кыжыры келип) Бардым. 
Ташмат Эшматов. Айттыңбы? 
Алмакан. Вообще асман-айдан кетип атат, аның. 
Ташмат Эшматов. Эмне деп? 
Алмакан. Эмне десин. “Чыңгыздын бактысына балта чапкым келбейт” дейт. 
Ташмат Эшматов. Айтпайсыңбы: “Ой, Чыңгыз деген башка жазуучу — Ташмат эмес, Эшмат эмес. Эч ким кың дей албайт. Үйлөнө бергиле” дейбейсиңби. 
Алмакан. (Силкинип) Дедим, ай! 
Ташмат Эшматов. И-и? 
Алмакан. Айтпадың беле “Бүбүсайра деген артистка, артисттердин баары жеңил ойлуу”, деп. 
Ташмат Эшматов. Калппы анан, ошондой экени. 
Алмакан. (Тигини туурап) Калппы деп коет. Өзүң бир сүйлөшүп көрчү. Көрөсүң анан ошондо “жеңил ойлуу” экенин. 
Ташмат Эшматов. Анан, ушинтип эле ойнош болуп жүрө берем дейби? 
Алмакан. (Кыртыштап) Жүрө берем дейт. 
Ташмат Эшматов. (Жаны күйө) Кичине да жибите албай койдуңбу? 
Алмакан. Ооба. 
Ташмат Эшматов. (Аргасы түгөнүп) Тү-үй, ата!.. (Шалдайып ойго батып отуруп калат. 
Узакка соулган пауза). 
Эмне кылыш керек? Ушинтип эле колубуздан кокон тыйын келбей калабы?!
Алмакан. (Кайдыгер) Келбегени ушу да…
(Пауза). 
Ташмат Эшматов. (Титиреңдеп) Баары бир мен өлбөгөн жерде каламын! Айтматовдун түбүнө жете албасам элеби!.. Ташмат атым өчсүн!

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

ТОГУЗУНЧУ САХНА

Асел. 1962 — жылы Чыңгыз Айтматов бар болгону отуз төрт жашка гана чыккан кезде анын “Повести гор и степей” деген жыйнагы ошол кездеги Советтер Союзунун эң жогорку сыйлыгына — Ленин сыйлыгына көрсөтүлгөн. Кыргыз адабиятында буга чейин болуп көрбөгөн мындай жаңылык аттын кашкасындай алакандай эл үчүн аябай чоң улуттук сыймык болсо да, Чыңгыз Айтматовдун калемдеш оппоненттери жазуучунун мындай ийгилиги менен, жумшарта айткандай, эч бир келише алышпаганы турулуу нерсе болчу. 
Бирок бул коммунистик, большевиктик принципиалдуулуктан улам келип чыккан каршылык беле, же кадимки эле пендечиликпи, аны өзүңөр талдап көргүлө. 
(Асан Үсөнович кабинети. Сырттан Эшмат Ташматов кирди). 
Асан Үсөнов. (Ордунан тура калып, эшиктин алдына чейин утурлап барды) Келиңиз, Эшеке, келиңиз! Өтүңүз биякка. Отуруңуз. 
(Эшмат Ташматов Асан Үсөнов көрсөткөн орундукка келип олтурду. Кичине паузадан соң) 
Жаңы бир нерсе жазып атасызбы, Эшеке? 
Эшмат Ташматов. (Өтө маанилүү түр менен) Жазып атам. Өтө бир, бийик идеялуу чыгарма болчудай, буюрса. 
Асан Үсөнов. Ошентип өзүңүз үлгү көрсөтпөсөңүз… Айрыкча, мобу кийинки жаштарга үлгү болбосо…
(Пауза). 
Эшмат Ташматов. (Өтө принципиалдуу түр менен) Жаштардын баары бузулуп атат… (Кичине пауза) Асан Үсөнович… Эми, сөздүн ток этээр жеринен баштасам — биз баарыбыз эле коммунист болбой калган окшойбуз. 
Асан Үсөнов. (Кулагын түрө) И-и, и-и.. Уланта бериңиз. 
Эшмат Ташматов. Коммунист болбой калганыбыз ушу да, Москвадан тартып Кыргызстанга чейин кылганыбыз тиги болсо.
Асан Үсөнов. (Күлө багып) Түшүнбөй атам, Эшеке. 
Эшмат Ташматов. Түшүнүп эле турасыз, Асан Үсөнович. Баарыңар эле түшүнүп турасыңар, эң сонун эле түшүнөсүңөр… Баягыда да, арызымды жакшылап карабай койдуңар. 
Асан Үсөнов. (Чын эле түшнбөй) Кайсы арызыңды, Эшеке? 
Эшмат Ташматов. Жанагы журналист бала тууралуу…
Асан Үсөнов. (Түшүнө коюп) И-и, и-и, Айтматов тууралуу арызыңызбы? 
Эшмат Ташматов. Ооба, ошол журналист бала. 
Асан Үсөнов. (Күлүп, тайсалдай) Эми… Эшеке өзүңүз түшүнөсүз да, Москва да колдоп атса, анан…
Эшмат Ташматов. (Нааразы түр көргөзүп) Жанагы “коммунист болбой калдык” деп айтып атканым ушу да. Ушинтип, коммунисттик принципиалдуулугубузду көрсөтө албай олтурсак, идейный душмандарыбызга бир паста эле жем болуп калабыз го (каңырыгы түтөй түштү). Аморалдуулукту даңазалап аткан аморалдуу журналистке коммунисттик чара көргөндүн оордуна, көз жумдулукка салдыңар. Аныңар аз келгенсип, эми минтип тайраңдатып Лениндик сыйлыкка көрсөтүп атасыңар… Биздин ага-эжелерибиз ушун үчүн кан төктү беле?.. 
(Пауза). 
Асан Үсөнов. (Мукактанып) Эми, Эшеке… Айтматовду Лениндик сыйлыкка биз көрсөткөн жокпуз да. Билесиз да, аны. СССР Жазуучулар Союзунун демилгеси. 
Эшмат Ташматов. (Кол шилтеп) Жаш баланы алдагансып жооткотпоңузчу Асан Үсөнович. Эгер силер — ЦК колдобосо СыСыСыРдын жазуучулары эмес, СыСыСыРдын эли бүт демилге көтөрсө да эч ким анте албайт. Ачык болбосо да, силердин тымызын колдооңор бар үчүн ушундай иш болуп атат да. 
(Пауза).
Асан Үсөнов. (Өзүн өтө ыңгайсыз сезе күлүп) Эми, Эшеке… бир чети бул, бир чети жалпы кыргыз эли үчүн сыймык да. Ушинтип, алакандай элибизден бир жазуучубуз чыгып СССРдин эң жогорку сыйлыгына көрсөтүлүп атса…
Эшмат Ташматов. Чыксын, чыксын. Каршылык жок. Ылайым эле кыргыздар өсө берсин. Ага ичи тардык кылган эч ким жок. Бирок, эми Асан Үсөнович, ушу “Жамийла” Лениндик сыйлыкка көрсөтүлө турган чыгармабы, өзүңүз калыс сөзүңүздү айтыңызчы? 
Асан Үсонов. (Мукактанып) Эми, Эшеке… “Жамийла” жалгыз эмес ал жерде. Берки чыгармалары да бар да. 
Эшмат Ташматов. (Жактырбай) Анын баары эле сүйүү-пүйүү жөнүнүдөгү майда-барат чыгармалар. Мындай бир, жогорку идеялуу… жок дегенде патриоттулукту даңазалаган, коллективизацияны көрсөткөн… Эмгекти даңазалаган эчтеке жок. 
Асан Үсөнов. Берки “Бетме-бетте” Сейде салып берип атпайбы, Ысмайылды, солдаттардын колуна. Эми, ушу деле Эшеке — патриотизм. Дезертир жазасын алыш керек да. Анан, жанагы берки… “Ботогөз булак” дегенинде карабайсызбы… Башкы каарманчы, Кемел беле?.. И-и, ошо бала, берки жанагы алтын таап алып качып кеткен немеге… Абакирге карама-каршы коюлуптур да. 
Эшмат Ташматов. А Илиясчы? 
Асан Үсөнов. Кайсы Илияс? А-а, тиги “Кызыл жоолук жалжалымды” айтып атасызбы? 
Эшмат Ташматов. Илияс менен Жамийланын эмне айрымасы бар. Экөө тең бузулган немелер да. Жап-жакшынакай колуктусун таштап коюп, бирөө менен ойноп кеткен шоопурду идеалдаштырып жазып атпайбы, журналистиңер. 
Асан Үсөнов. (Айласы кетип күлө) Анысы бар деңизчи… Бирок, ал жигит да Аселди сүйөт экен да, баары бир. 
Эшмат Ташматов. (Оомуроолой) Сүйгөн киши ошентип таштап кетеби? 
Асан Үсөнов. (Сөз таба албай) Эми, Эшеке, турмушта ошондой жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт турбайбы. Баарыбыз адам экенбиз. Бирок, ошол жаңылганыңды мойнуңа алып оңдой билсең… Кеп мына ошондо экен да. Как раз Илияс ошол оңолгон жагынан көрсөтүлүптүр да. Анын үстүнө Эшеке, бу сүйүү дегениңизди түбөлүктүү тема деп айтып атышпайбы. Бу Шекспир деле ушу сүйүү жөнүндө жазган экен, тиги “Ромео-Жульеттасын”. Эми Навоибиз деле ушу сүйүүнүн даңазалаган тура “Фархад менен Ширинде”. Низамиңиз деле “Лейли менен Мажунду” жазып атпайбы. Элиңиз да көбүнчө сүйүүнү окушат экен да. Көрсө, сүйүү да керек тура адамга, Эшеке. Кыргыздарды деле карабайсызбы, “Олжобай менен Кишимжан”, “Аксаткын менен Кулмурзаны” даңазалап атышпайбы. 
Эшмат Ташматов. Эми ушул журналисттиңерди Шекспирге теңейсиңерби?!. (Башын чайкап) А-ай, Асан Үсөнович, катуу колдоп калыптырсыңар, журналистиңерди. Түшүндүм. Болуптур, анда… (Ордунан турду). 
Асан Үсөнов. (Карбаластап) Эшеке, Эшеке, айтпайсызбы жарыктык, келген максатыңызды. 
Эшмат Ташматов. (Кайдыгер) Айтканда эмне, айтпаганда эмне. Баары бир силер минтип колдоп аткандан кийин, эмне пайда андан? 
Асан Үсөнов. А-а, ушу маселе боюнча келдиңиз беле? 
Эшмат Ташматов. (Маанайы чөгө) Ушу боюнча да, анан…
Асан Үсөнов. Айтыңыз, айтыңыз, ошо “ананыңызды”…
Эшмат Ташматов. (Кыйыла) Аным деле ошо…
Асан Үсөнов. Мынча келгенден кийин айтыңыз, биротоло. 
Эшмат Ташматов. (Эки анжы боло) Майнап чыкпагандан кийин…
Асан Үсөнов. Колдон келгенди жасайбыз, айтыңыз. 
Эшмат Ташматов. (Дагы эле эки анжы боло) Аны деле айткам, башта. Дайыма эле айтып келатам. Бирок… Баякы эле журналист балаңар менен Бейшеналиеванын окуясы да. Чыгармаларын го колдойт экенсиңер, анан экөөнүн ойношчулугун кошо колдойсуңарбы, эми? 
Асан Үсөнов. (Кайпактап) Эшеке, баарыңар эле ушинтип айтып атасыңар — сиз дагы, берки жазуучуларыңыз дагы, бирок, факты жок болуп атпайбы. 
Эшмат Ташматов. (Жаны күйө) Кандайча факты жок?! Бүт эл билет!.. Экөө ачык эле эрди-катын болуп жүрүшпөйбү!..
Асан Үсөнов. (Токтоо) Эми “элдин баары эле билет” дейсиңер. Же бир кармап алган факты болбосо экөөнү…
Эшмат Ташматов. (Жаны күйө) Эми, сөзсүз эле экөөнүн койнуна кошо жатып чыгыш керекпи, анүчүн?! 
Асан Үсөнов. (Күлүп) Баары бир факты керек да, Эшеке. Эң кур дегенде Айтматовдун аялынан, үй-бүлөөсүнөн арыз түшпөсө. Болбосо, берки Бейшеналиеванын, үй-бүлөөсүнөн эч ким кайрылбаса… Эч бир илинчеги жок болуп атпайбы. 
Эшмат Ташматов. (Баш чайкап) Көөнүңөр келбегенде, ушинтип көрсөңөр да көрмөксөн болуп коет экенсиңер да. (Кичине паузадан кийин) Мейли, силер карабайт экенсиңер, эми жазчу жакка жазамын!.. (Ордунан туруп эшикке бет алды). 
Асан Үсөнов. (Артынан) Эшеке, баса… Бир аз токтой туруңузчу. Кечээ мага, тиги сиздин теңтуштарыңыздын бирөө келип кетти эле. Жазуучулардан. (Үстөлүнөн скрепка менен бекитилген үч-төрт барак алып чыкты). Момуну окуп коюңузчу. 
(Эшмат Ташматов Асан Үсөнов берген барактарды окуп чыгып, бир аз өңү өзгөрө түштү). 
Асан Үсөнов. (Күлүп) Эшеке, ушулар чын беле? 
Эшмат Ташматов. (Шаабайы сууй) Эми… Жаш кезде болот тура андайлар. “Жаштык-мастык” да. 
Асан Үсөнов. (Мөөрөйү үстөм боло) Во!.. Во!.. Во!.. Эшеке, баарыбыз эле жаш болгонбуз, мас болгонбуз. Коммунист болобузбу, башка болобузбу, баары бир пенде экенбиз да. Баары бир эркек болгондон кийин ушинтип жыдып коймоюбуз болот тура. Жаш кезиңизде сиз да далай жолу ушинтип кыз-келиндерди көргөндө жолдон чыккан экенсиз, анан калгандарыбызга эмне шаң? Туурабы, Эшеке? 
Эшмат Ташматов. (Ындыны өчө) Айла жок экен силерге. Баарын алдын-ала ойлонуштуруп койгон экенсиңер да, кимди кандай талуу жеринен кармашты… 
Асан Үсөнов. (Карсылдай күлүп) Ха-ха-ха!.. Эшеке, эми мобу жерде бекер олтурган жокпуз да, мобу чоң үстөлдү кучактап. 
(Кичине пауза). 
Эшмат Ташматов. (Маанайы пас) Баары бир Асан Үсөнович, өңгө кечирсе да, тарых кечирбейт силерди, бул ишиңер үчүн… (Кетүүгө кам урду). 
Асан Үсөнов. (Мыңкылдап күлүп) Эми аны да көрө жатаарбыз… мейли, анда, Эшеке, жакшы барыңыз. (Узатып койду, эшикке чейин, бери кайрылып) Өх-х!.. Өзүнүн көчүгү шакмар болуп туруп башкаларга асылат, курган киши. 
(Пауза).

ОНУНЧУ САХНА

Асел. Арадан беш жылча мезгил өттү. Бул жылдардын ичинде Чыңгыз Айтматов отуз беш жашында, 1963 — жылы Ленин сыйлыгын алды. Парадоксту караңыздар — кезегинде кыргыз жазуучулары “бузулуп кеткен аял” деп жамандашкан “Жамийла” повести ошол Ленин сыйлыгын алган төрт чыгарманын катарына кирген. (Кичине пауза) Калган үч повести: “Бетме-бет”, “Кызыл жоолук жалжалым”, анан “Ботогөз булак” болчу. “Бетме-беттен” башка үч повесть сүйүү жөнүндө, махабатты даңазалаган чыгармалар эле. Ушундан эле Чыңгыз Айтматовдун сүйүүгө, аялзатына болгон өзгөчө аяр мамилесин туйсаңар болот. “Сүйүү, аял — биздин жашоонуну маңызы” деген ой Айтматовдун ошол учурдагы чыгармаларынын лейтмотиви экени туюп-билүү анчалык кыйынга турбайт. 
Балким Айтматовдун сүйүү темасын, аялзатын ушунчалык үзүлүп түшүп жазганын эң башкы мотивдеринин бири да анын Бүбүсайра Бейшаналиевага болгон улуу махабатынан уламдыр?..
(Кичине пауза). 
Айтматов анда “Жаныбарым Гүлсары” повестин жазып аткан. Мында да армандуу сүйүү тарыхы бар эле — Танабай менен Бүбүжандын махабаты. Карасаңар, кандай окшоштук бар аттарында Бүбүсайра — Бүбжан, Бүбүжан – Бүбүсайра… 
(Кеч күз. Күүгүм. Ысыккөлдүн жээги. Оттун жанында Чыңгыз менен Бүбүсайра олтурушту). 
Бүбүсайра. (Колунда кол жазма) Ачинов, дагы окуп чыктым “Жаныбарым Гүлсарыңды”. 
Чыңгыз. Дагыбы? 
Бүбүсайра. (Ойлуу) Ооба… Бул чыгармаңды экөөбүздүн сүйүүбүзгө арнапсың. Такая трагическая безысходность!.. Эми толук түшүнүп атам. 
Чыңгыз. Да… Мен муну дайыма сезем. Бук болуп кеттим. Биз бири – бирибизди канчалык катуу сүйгөн сайын, биз жашаган системанын ошончолук адамкерчиликсиз экенин ого бетер терең түшүнө баштадым. (Катуу улутунуп алды) Сенден башка окуп чыккандардын бири дагы подводное течениесин түшүнүшкөн жок. Ну… Баягы эле дежурный эпитеттер. Чынын айтсам, кээде ошолорду окуганда жүрөгүм айланат. 
Бүбүсайра. (Аяр сылап) Ачинов, не надо так драматизировать. Эмне кылабыз, кудай маңдайыбызга ушу заманды жазып коюптур. 
Чыңгыз. (Үшкүрүнүп) Баары бизге каршы — система дагы, адамдар дагы… Эмне үчүн биз эркин сүйүшүп, эркин жүрө албайбыз?! Эмне үчүн?! 
Бүбүсайра. (Соорото) Когда-нибудь, кимдир бирөөлөр экөөбүздүн сүйүүбүздү түшүнүшөт болуш керек. Я надеюсь…
Чыңгыз. Ну, качан?…
Бүбүсайра. Бүгүн болбосо эртең… Эртең болбосо бүрсүгүнү…
Чыңгыз. (Өзүнчө күңгүрөнүп) Биз ушунчалык эле сокурбузбу?..
Бүбүсайра. (Жароокер) Ачинов, очнись!.. Я же стобой рядом…
Чыңгыз. Жүрү, бир жакка кетип калалы. 
Бүбүсайра. И что? 
Чыңгыз. (Ызалуу) Кайсы бир кезде экөөбүз чогуу болушубуз керекпи, же жокпу?! Ансыз да өтө кыска жашайбыз. Анан, анысы аз келгенсип өмүрүбүздүн теңинен көбү трагедия менен өтсө!..
Бүбүсайра. Хочешь сказать, что мы с тобой жертвы? 
Чыңгыз. (Жарылып) Да! Да!… Мы с тобой жертвы!.. Неужели это не понятно?! (Кичине паузадан соң) Кечирчи, жаным… 
Бүбүсайра. Сен күнөөлү эмессиң…
(Пауза. Күлүп) Ачинов, айтсаң…
Чыңгыз. Эмнени?
Бүбүсайра. Если, Ромео менен Жульетта өлбөй калып, үйлөнүп алышса эмне болот эле? 
Чыңгыз (Мукактана түшөт) Эмне болот эле?.. Ну… бактылуу болушмак. 
Бүбүсайра. Ты уверен?
Чыңгыз. Уверен. 
Бүбүсайра. А я нет. 
Чыңгыз. Эмне үчүн? 
Бүбүсайра. (Күлүп) А ты не думаешь, что эртең эле Ромео, грубо говоря, Жульеттанын көзүн көгөртө коймок…
Чыңгыз. Нет! Сүйүшкөн адамдар эч качан антишпейт! 
Бүбүсайра. В тебе говорит романтик, а жизнь на много сложнее… (Күлүп) Почему Шекспир экөөнү үйлөнтүп койгон жок, билесиңби? 
Чыңгыз. Эмне үчүн? 
Бүбүсайра. Потому что любовная лодка почти всегда разбивается о быт…
Чыңгыз. Дагы баягыңды баштадыңбы? 
Бүбүсайра. Это же паравда.
Чыңгыз. Сен экөөбүз башкабыз да. 
Бүбүсайра. Аның чын… Бирок… Адамдардын тагдыры почти всегда окшош. 
Чыңгыз. Кошулбайм сөзүңө, кошулбайм. 
Бүбүсайра. Билем. Эч качан кошулбайсың, пока экөөбүз баш кошмоюнча. (Кичине паузадан соң) Сүйүүнүн тазалыгын сактап калыштын бир гана жолу бар…
Чыңгыз. Кандай? 
Бүбүсайра. Сүйүшкөндөр эч качан баш кошпош керек. 
Чыңгыз. Ты не права! 
Бүбүсайра. Пусть будет по твоему. Но я остаюсь при своем мнении. 
Чыңгыз. (Таарыныч кыла) Сен мени сүйбөйт болушуң керек. 
Бүбүсайра. (Күлүп, жароокер) Ачинов, не смеши меня, пожалуйста… (Кучактап калды. Экөө кучакташып өбүшүп турушту). 
Чыңгыз. Баары бир экөөбүз үйлөнөбүз! 
Бүбүсайра. (Күлүп) И превратимся в одну сатану…
Чыңгыз. (Кошулуп) Да, превратимся! 
Бүбүсайра. (Күлүп) И станем бить посуду? 
Чыңгыз. (Түшүнбөй) Какие посуды? 
Бүбүсайра. (Күлүп) А что делают муж-жена, когда ругаются? 
Чыңгыз. Почеум обязательно должны ругаться? Я не понимаю…
Бүбүсайра. (Күлүп) А как же иначе? 
Чыңгыз. (Аябай эмоцияга берилип) Биздики башкача болот дебедимби. 
Бүбүсайра. (Күлүп) Потому что башка камырдан жуурулганбы дечи. 
Чыңгыз. Башка камырдан… 
Бүбүсайра. (Ойноп) Сүйүү камырынан, э-э?..
Чыңгыз. (Кабагы бүркөлүп) Ооба…
Бүбүсайра. (Жароокер) Ачинов, сага эмне болду? 
Чыңгыз. (Маанайы пас) Эч нерсе…
Бүбүсайра. Таарындыңбы? 
Чыңгыз. (Ооз учунан) Жок…
Бүбүсайра. Таарындың… таарындың…
Чыңгыз. (Ооз учунан) Жок…
Бүбүсайра. Көрдүңбү, как мы противоречим друг-другу. 
Чыңгыз. (Маанайы пас) Не парвда…
Бүбүсайра. (Жароокер) Ачинов…
Чыңгыз. (Сабыры суз) И-и?..
Бүбүсайра. (Жароокер) Күлүп койчу…
(Чыңгыз унчукпайт). 
Кана, эми кана…
(Чыңгыз акырындап жибий баштайт). 
Еще, еще… Лед тает. 
(Чыңгыздын жүзүндө жылмаю пайда болду). 
Еще чуть-чуть…
(Чыңгыз күлүп жиберди да, Бүбүсайраны кучактап өпкүлөп ийди). 
Чыңгыз. (Өрөпкүп) Мына, көрдүңбү? 
Бүбүсайра. Эмнени? 
Чыңгыз. Сүйүшкөндөр дайыма ушинтишет… бири-биринин көңүлүн эч качан оорутушпайт. Вот, ты сама доказала…
Бүбүсайра. (Күлүп) Пока, одини — ноль, в твою пользу. Только, пока…
Чыңгыз. (Күлүп) Ошентсең… А то адамдын заманасын кууруп ийдиң бир паста, пессимизмиң менен. 
Бүбүсайра. Хорошо… Давай, бул теманы пока козгобойлу. Придет время, ошондо көрөбүз. Ладно? 
Чыңгыз. (Жалындап) Ладно, жаным!.. Ладно!.. (Экөө көпкө чейин өбүшүп калышты. Бүбүсайра Чыңгыздын кучагынан бошонуп, кол радиосунан музыка коет да, бийдин ритмине түштү). 
Бүбүсайра. (Бийлеп атып) Ты Ромео — я Жульетта, ты Тристан — я Изольда. Ты Фархад — я Ширин, ты Хосе — я Кармен… Ты Танабай — я Бүбүжан!…
(Чыңгыз суктануу менен көпкө чейин Бүбүсайранын бийин тиктеп олтурду).

ОН БИРИНЧИ САХНА

Асел. Айтматов менен Бейшеналиваны эч ким ажырата алган жок — Бүбүсайранын “тырмакчадагы” курбулары да, Чыңгыздын “тырмакчадагы” коллегалары да. Жада калса антигумандуу система да Айтматов менен Бейшеналиеванын сүйүүсүнө снижхождение жасады. Бирок, бир гана таш боор табият эки улуу адамды аяган жок…
(Кеч күз. Түн ортосу. Темир жол вокзалы. Паровоздордун, поезддин дөңгөлөктөрүнүн тынымсыз “така — тука” деген үндөрү, тормоздордун кыйчылдаганы угулуп турду. Вокзалдын түпкүрүндөгү фонардын үлүңдөгөн жарыгынын алдында жыгач орундукта кимдир бирөөнү күткөн Чыңгыз олтурду). 
Диктордун үнү. Поезд күтүп аткандар, көңүл буруңуздар! Номери 147 ылдам жүрүүчү – Москва – Алматы поездди үчүнчү жол менен келатат. Этиет болуңуздар!.. Кайталайм…
(Чыңгыз ордунан шарт тура калып поезддер келчү жакты көздөй шашыла басып жөнөдү. Кыйладан соң кайра кайрылып келди да, бирөөнү умсуна күтүп калды. Бир аз тынымдан кийин перрондун түпкүрүнөн жолго алып жүрүүчү чемоданын көтөргөн Бүбүсайра көрүндү. Чыңгыз аны көрөөр замат утурлай басты. Экөө кучакташып көрүшүштү. Эми эле Чыңгыз олтурган орундуктун жанынан өтө берээрде Бүбүсайра капысынан олтура калды). 
Чыңгыз. (Кабатыр боло) Сага эмне болду? 
Бүбүсайра. (Көңүлүн көтөрүүгө аракет кылып) Эч нерсе…
Чыңгыз. Гастролдон чарчагансың го? 
Бүбүсайра. (Кара күчкө) И-и… Чарчадым… Оказывается в моем возрасте гастролдоп жүрүш оор экен…
(Кичине пауза). 
Чыңгыз. (Кабатырлана) Өңүң жаман. Ооруп калгансың го? 
Бүбүсайра. (Кара күчкө) Бир аз, бир аз…
(Кайрадан пауза). 
Ачинов… Бул жашоодо баарынан эмне кымбат, билесиңби? 
Чыңгыз. (Күтүүсүз суроого түшүнө албай) “Эмне кымбат” дейсиңби? 
Бүбүсайра. И-и…
Чыңгыз. Өмүр кымбат. 
Бүбүсайра. (Алсыз жылмайып) Да — а… туура айтасың, өмүр баарынан кымбат экен. (Кичине паузадан соң) Өмүр, анан сүйүү… Өмүрсүз сүйүү, сүйүүсүз өмүр жок экен…
Чыңгыз. Да?
Бүбүсайра. Да… (Чыңгыздын ийинине башын жөлөдү. Чыңгыз аны аяр бетинен өөп койду) Таң калып атасың го, ээ? 
Чыңгыз. Эмнеге? 
Бүбүсайра. Вдруг эле философияга кирип кеткенимечи. 
Чыңгыз. Ну… кандай десем…
(Пауза). 
Бүбүсайра. (Улутунуп) Ачинов… почему так получилось! 
Чыңгыз. Эмнени айтасың? 
Бүбүсайра. Эмне үчүн экөөбүздү кудай сүйүштүрүп койду? 
Чыңгыз. Тагдырдын жазганы ошо да. 
Бүбүсайра. (Дагы улутунуп) Эмне үчүн анда кудай экөөбүдү кошкон жок? 
Чыңгыз. (Таң кала Бүбүсайраны тиктеди) Кудай дейсиңби? 
Бүбүсайра. Кудайбы, тагдырбы, баары бир да.
Чыңгыз. Сен өзүң каалаган жоксуң да.
Бүбүсайра. (Муңайып) Кантип каалабайын! (Көзүнө каканактап жаш толо баштады) Канип?! Сүйүшкөн адамың менен чогуу болууну ким самабасын?! Ким?!..
Чыңгыз. (Ого бетер таң калып) А эмне үчүн анда сен дайыма каршы болуп келдиң? 
Бүбүсайра. (Улутунуп) Эмне үчүн?.. (Кичине паузадан соң) Сени аядым!.. Менин айыман жолуң жабылып калышын каалаган жокмун!.. Талантың басылып, жабыр тартышыңды каалаган жокмун! 
Чыңгыз. (Жаны күйүп) Зачем такие жертвы?! Сүйүүдөн да менин чыгармачылыгым артык беле?!..
Бүбүсайра. (Үнү буулуп) Я не хотела, чтобы ты страдал…
Чыңгыз. (Өкүнүч менен) Боже мой!.. Зачем?!. Зачем?!.
Бүбүсайра. (Көзүнө жаш толо баштады) Я любила тебя!.. Больше всего на свете!..
Чыңгыз. (Жарылып) Любила!.. Хотела жить со мной!.. Но не хотела, чтобы сломалось моя карьера!.. Бүбүчка, это не простительно!..
Бүбүсайра. (Үнү каргылданып) Бог нас простит…
Чыңгыз. Если бы я знал… если бы с самого начала…
(Пауза). 
Бүбүсайра. (Тамагы буулуп) Экөөбүз алгачкы ирээт табышкан күндөн тартып, дайыма сени менен бирге болууну эңсеп келгем! Дайыма сени менен жашагым келчү!..
Чыңгыз. (Ого бетер таң калып) Бүбүсайра?! 
Бүбүсайра. (Жарылып) Да!.. Да!.. Дайыма!.. (Ыйлап жиберди). 
Чыңгыз. (Эч нерсеге түшүнбөй сооротуп) Бүбүсайра, эмне болду сага? Айтчы! 
Бүбүсайра. (Солуктап) Эч нерсе… Кечир мени… 
Чыңгыз. (Соорото) Сен менден бир нерсени жашырып атасың?..
(Кичине пауза). 
Азыр да кеч эмес Бүбүчка. 
Бүбүсайра. Эмнеге? 
Чыңгыз. Мындан ары чогуу жашаганга. 
Бүбүсайра. (Өкүнүч менен) Кеч болуп калды, Ачинов!..
Чыңгыз. (Түшүнбөй) Сөзүңө түшүнбөй турам?!. Мы любим друг-друга. Мы еще молоды…
Бүбүсайра. (Каңырыгы түтөп) Жок Ачинов, жок!..
Чыңгыз. (Түшүнбөй) Бүбүчка, мен тап-такыр эч нерсеге түшүнө албай атам?! Айтчы, эмне болду сага?!. 
(Пауза). 
Бүбүсайра. (Жашын араң токтотуп) Кудайга ыраазымын, жок дегенде ушу сүйүүнү экөөбүзгө бергенине. Это было самое светлое, самое дорогое в моей жизни!..
Чыңгыз. (Чыдамсыздана) И будет всегда таким…
Бүбүсайра. (Алсыз жылмайып) Дай бог…
Чыңгыз. (Катуу кабатырлана) Бүбүчка, айтчы тумандатпай ачыгын!..
(Пауза). 
Бүбүсайра. (Жашын муунуп) Я больна! Смертельно больна! (Өксөп ыйлап жиберди да Чыңгызга бой таштады. Адегенде эч нерсеге түшүнбөй калган Чыңгыз, бир аздан соң кошо ыйлап ийди. Экөө көпкө чейин күүгүмдөнгөн вокзалда солуктап турушту да, анан кучакташкан бойдон илкий басышып алыстай башташты).

ОН ЭКИНЧИ САХНА

Асел. Кыргыздын улуу бийчиси Бүбүсайра Бейшеналиева айыкпас ооруга чалдыкты. Улуу бийчини айыктырыш үчүн Чыңгыз Айтматов орустар айткандай “титанический” аракет жасаганын, Бүбүсайранын коллегалары ооздорунан түшүрбөй айтып жүрүшөт. Сахнанын балбылдаган Чолпон жылдызы болгон улуу жазуучу улуу сүйүүсү ушул мезгилдерде аябагандай айкын көрүндү. (Пауза) Эки улуу инсандын улуу сүйүүсүн биринчи кезекте Бүбүсайра Бейшеналиеваны дарылап аткан врачтар өз көздөрү менен көрүшүп, кадимкидей суктанышып, бир чети жүрөктөрү сыздап аяшканын алигиче күнү бүгүнкүдөй айтып жүрүшөт. 
(Оорукананын багы. Өңү керсары болгон Бүбүсайра бактын ичинде орундукка келип отурду да, онтоп ийди. Ээрдин кырча тиштеп, жаны кыйналып турду. Ошол мезгилде бактып түпкүрүнөн колуна кыпкызыл жоогазындарды көтөргөн Чыңгыз көрүндү. Чыңгызды көргөндө Бүбүсайра кыйналып турганына карабай дароо өзүн колуна алып, жылмайганга аракеттенип, ордунан турду да, Чыңгызды утурлай басты. Жоогазындарын көтөргөн кабатырланган Чыңгыз Бүбүсайранын жанына келип калган).
Чыңгыз. (Бүбүсайрага гүл сунду) Сага жаным!..
Бүбүсайра. (Жылмая) Ырахмат, Ачинов! Күн сайын ушундай жоогазындарды алып келесиң…. Убара болбой эле койсоңчу, жаным!. 
Чыңгыз. Жок… Мен сага дайыма алып келип турам… (Кичине паузадан соң) Бүгүн кандайсың, жаным?..
Бүбүсайра. (Жылмая) Жакшы Ачинов. Ооруган жерим басылып калды. 
Чыңгыз. (Үмүт менен) Чынбы, жаным?!
Бүбүсайра. (Жылмая) Чын, чын… Ачинов, балким ушинтип күнүгө эки маал келип убара болбой эле, күн алыстан, эки күндө бир келип турбайсыңбы? 
Чыңгыз. (Башын чайкап) Антип айтпа, жаным!.. Антип айтпа!.. Сен айыгып кетсең, ошондо мен жумалап сага көрүнбөй коюп, аябай сагынтам сени. (Үнү каргылдана түштү). 
Бүбүсайра. (Жылмая) Айыгам, жаным!.. Сөзсүз айыгам!..
Чыңгыз. (Өзүн зорго колого алып) Ошентчи, жаным!.. Ошентчи!..
Бүбүсайра. (Жылмая) Ачинов, сага эмне болду? 
Чыңгыз. (Түшүнбөй) Эмнени айтып атасың, жаным? 
Бүбүсайра. (Жылмая) Жакшы эле кайраттуу жан элең…
Чыңгыз. (Түшүнбөй) Эмне болду? 
Бүбүсайра. (Жылмая) Үнүң каргылданып атканын айтып атам. 
Чыңгыз. (Тамагы буула түштү) Бүбүчка!..
Бүбүсайра. (Жылмая) Өзүңдү колго ал, жаным!.. Баары жакшы болот…
Чыңгыз. (Көзүнө жаш толо, Бүбүсайраны кучактап) Ишенем, жаным!.. Ишенем!..
Бүбүсайра. (Жылмая) Ишен, Ачинов, ишен!..
Чыңгыз. (Көзүнүн жашын көрсөтпөй аарчыды) Маакул, жаным!.. Маакул!..
Бүбүсайра. (Жылмая) Ачинов… Жаңы бир нерсе жазып атасыңбы? 
Чыңгыз. (Бүбүсайрага бир паска карады) Жаңы бир нерсе дейсиңби? 
Бүбүсайра. (Жылмая) Ооба, жаңы чыгарма…
Чыңгыз. (Өзүн зорго колго алып) И-и… жазайын деп аракеттенип атам. 
Бүбүсайра. (Жылмая) Жаз, жаным!.. Жаз!.. (Пауза) Канчалык кыйын болсо да баары бир жаз. Макулбу, Ачинов? 
Чыңгыз. (Өзүн зорго токтотуп) Жазам жаным!.. Жазам!..
Бүбүсайра. (Жылмая) Эсиңдеби, Ачинов, экөөбүз алгачкы жолу Ленинградда жолукканыбыз? 
Чыңгыз. (Жашын жутуп) Эсимде, жаным!.. Эсимде!.. 
Бүбүсайра. (Өкүнүч менен) Ошол күндөр кандай бактылуу күндөр эле…
Чыңгыз. (Өзүн зорго колго алып) Бактылуу… Ооба… Дагы далай бактылуу күндөр келет, алдыда. 
Бүбүсайра. (Жылмая) Билем, жаным, билем… (Капысынан онтоп ийди.)
Чыңгыз. (Аяй) Эмне болду Бүбүчка?!
Бүбүсайра. (Жылмайганга аракеттенип) Эч нерсе, жаным… Эч нерсе…
Чыңгыз. (Бүбүсайранын чекесинен сылап) Чекеңден муздак тер чыга түшүптүр (Үнү каргылдана түштү). 
Бүбүсайра. (Жылмайганга аракеттенип) А-а… Ал… тигил… (Пауза).
 Ачинов сен мага капа болбойсуңбу?!. 
Чыңгыз. Эмнеге?!. 
Бүбүсайра. (Жылмайганга аракеттенип) Процедурам бар эле… Дары алат элем, азыр. 
Чыңгыз. (Өзүн зорго колго алып) Мен эмнеге капа болот элем. Бар, дарыңды ал, жаным. 
(Экөө бактын түпкүрүн көздөй басышты. Чыңгыз Бүбүсайраны узатып коюп кайра тартты артына. Кубарган жүзүн жаш жууп атты. Эми эле экөө олтурган орундукка келип олтурду да, эчкирип ыйлап кирди). 
Чыңгыз. (Көзүнүн жашын көл кылып) Жок!.. Жок!.. Жок!.. 
(Ыйына мууна көпкө олтурду. Анан ордунан турду да, бактын түбүнө кылчак — кылчак көз чаптырып, кубарган жүзүндөгү жашты сүрүүгө чамасы келбей кетип баратты).

ОН ҮЧҮНЧҮ САХНА

Асель. 10 – май, 1973 – жылы, кырк жети жаш курагында кыргыздын улуу бийчи кызы Бүбүсайра Бейшеналиева көз жумду. Ошол күндөрү кыргыз элинин кайгысына чек жок эле. А Чыңгыз Айтматов ал кездеги коммунисттик салтты бузуп, жашырынып – жамынбай, капкара кийим кийип, аягына чейин аза күтүүнүн башында болду. 
(Опера-балет театрынын фоэсинде Бүбүсайранын бир четине кара тасма бастырылган чоң портрети илинген. Аза күтүү музыкасы тынбай ойнолуп, коштошуу үчүн келген эл чубап өтүп атышты. 
Авансценада аза күтүп, капкара кийинген, көзү ыйдан шишиген Чыңгыз Айтматов эч ким менен иши жок кишиден бетер өксөп ыйлап турду. Ташмат Эшматовдун көзү Чыңгызда). 
Ташмат Эшматов. (Арыраакта турган Алмакандын жанына барып кулагына шыбырап) Көрдүңбү, тигини? 
Алмакан. Көрдүм. И-ий, кокуй, бир уялып койсо боло. Тегеректе эл турат. Өзүнүн эле үй-бүлөөсү, жакындары эмне дейт деп ойлобойбу, акылы болсо. 
Ташмат Эшматов. (Жактырбай) Мээ жок да!.. Миллион сүйүп-күйүп өлүп баратсаң деле ушинтпей эле койбойбу, ушунча элдин көзүнчө. Күйөөсүнөн бетер, тим эле… 
(Кичине пауза). 
Түшүндүңбү, эми? 
Алмакан. Эмнени? 
Ташмат Эшматов. Ушундайдын акыры эмне болоорун. 
Алмакан. (Түшүнбөй) Эмнени айтып атасың? 
Ташмат Эшматов. Ушуну айтып атам. Мына, акыры ушундай болмок. Дегеле көздөрүн май басып, ушул дүйнөдө бул экөөнөн башка ашыктар жоктон бетер, Лейли менен Мажнун болуп жүрүштү эле?.. И-и…
Алмакан. Табалап атасыңбы? Тобоо десеңчи. 
Ташмат Эшматов. (Жактырбай) Жан тартпачы, ай, тим эле Бүбүсайра менен Чыңгыз киндиктештериң болуп калса дагы. 
Алмакан. (Жактырбай) Зиркилдебе. Жамандык ар бир адамдын башына келет, бир күнү. Мен өлүп калсам кантесиң? 
Ташмат Эшматов. Сен экөөбүздүкү башка. 
Алмакан. (Түшүнбөй) Кандайча башка? 
Ташмат Эшматов. Ошентип эле башка. 
Алмакан. Сөзүңө түшүнсөм, өлөйүн. 
Ташмат Эшматов. Анан айтам. 
Алмакан. (Жактырбай) И – и, болуптур… (Ары басып кетти). 
Ташмат Эшматов. (Чыңгыздын жанына барды, калп кейип) Чыке… кандай талант эле!.. Ичим бир өрттөнүп турат!..
(Чыңгыз ыйлап турду. Ташматтын сөзүн уккан жок. Анан акырын артына бурулуп, аржаккка басып кетти). 
Ташмат Эшматов. (Кыжына) Акмак!. (Шагы сынып, кайсактап турду.
Ошол учурда Асан Үсөнов, Эшмат Ташматовдор Чыңгызгы кыжырдана көз салышып, ары – бери басып турушту). 
Асан Үсөнов. (Чыңгыздын артына узата карап) Тигиниңер кантет? Тыйып койсоңор боло!..
Эшмат Ташматов. (Кабатыр болгон түр көрсөтүп, башын чайкап) Ай, атаңдын көрү, ай, шерменде кылмай болду, бу журналист бала баарыбызды?!
Ташмат Эшматов. (Жойпуланып) Анан эмне кылсын, адам сүйсө ушинтет тура…
Эшмат Ташматов. (Ачуулу) Э!.. Сүймөктөн өлүп баратса дагы!.. (Кичине пауза). Атактуу жазуучу болуп калдым деп эле, элди көзүнө илбей койсо боло берет экен да?!
Ташмат Эшматов. (Жойпуланып) Атактуу жазуучу деген элден башкача болот турбайбы, Эшеке. Мобу, биз сыяктуу байкуштар ушинтсек бу Асан Үсөновичтер тим эле жерге жетире кагып ийишмек да. А атактуу жазуучуга эч кимдин тиши өтпөй калат турбайбы. Оказывается, атактуу жазуучуга все можно…
Асан Үсөнов. (Ачуусу келип) Эми эмне кылып тыябыз, ыя, муну? 
Эшмат Ташматов. Ушинтип, ЦК — силер өзүңөрдүн алыңар жетпей атса…
Асан Үсөнов. (Кыйпычыктап) Бирөөңөр барып тыйгылачы. 
Ташмат Эшматов. Эшекем айткандай силер — ЦКнын колунан келбей атса, бизди тоошум этеби. Мына, Асан Үсөнович, мына өзүңөр чалчактатып көптүрүп алып, эми минтип ооз ача албай олтурасыңар. 
Эшмат Ташматов. Мынабу бала туура айтып атат, Асан Үсөнович. Ыгы жок колдоп койдуңар да, башынан журналист баланы…
Ташмат Эшматов. (Жалпактап, колдой башын ийкегилеп) Ой, журналист… Туп-туура айтасыз — журналист!.. Асан Үсөнович, мынабу биздин жазуучулар чөйрөсүндө Айтматовуңардын ким экенин билебиз го, кудай урбадыбы. Чындап келсе, Чыңгызыңар ушул эле өзүбүздүн кыргыздын далай жазуучуларынын чыпалагына тең келбейт. Силердин жардамыңар менен мунуку дутая слава болуп калбадыбы. Жазганынын баары эле жанагыдай бир, адамдын керт башына байланышкан майда — барат маселелер. Кыйын экен, дыйкандар жөнүндө, жумушчулар жөнүндө, завод — фабрикалар жөнүндө жазып көрбөйбү!.. Колунан келбейт. Капкайдагы бир Жамийла-памийлаларды жазат. Эми, Асан Үсөнович, мени кечирип коюңуз, чындыкты айтып койгонум үчүн. Канча жылдан бери ушу өзүңөргө кирип, ушу ичимдеги букту айта албай жүрдүм беле, ушу жерден келип калыптыр моменти…
Асан Үсөнов. (Айласы кетип) Жүрүгүлөчү, деги бирдеме кылалычы…
(Үчөө ээрчишип ары жакка басып кетишти. Бир аздан кийин көзүнүн жашы дагы эле тыйылбаган Чыңгыз дендароо болуп авансценага басып келип, аягы тыйылбай чубап аткан элди тиктеп, селейип турду). 
Чыңгыз. (Өзүнчө күбүрөнүп)
Карегим тунарып, 
Каражер мунарык. 
Жүз жылдык шорлуу жаш, 
Жүзүмдөн куланып. 
Кайышып турамын, 
Кайгыдан кубарып! 
Жарыгым өчтүңбү?! 
Жалгызмын-сездиңби?!
Жылдыздай жылт өчүп, 
Жалгандан кеттиңби?!
Чолпонум өчтүңбү?!
Чоочунга кеттиңби?! 
Арманда мен калдым, 
Асылым сездиңби?! 
Кантип эле?! Кантип эле?!.. Ишенбейм!.. Ишенбейм!.. Кантип жашайм — жүзүңдү көрбөй, үнүңдү укпай, күлкүңдү укпай?!. Кантип?!.

ОН ТӨРТҮНЧҮ САХНА — ЭПИЛОГ ОРДУНДА

Көлдүн жээги. Чыңгыз Айтматов менен Асел. 
Чыңгыз. Бүттүңбү, кызым? 
Асел. Бүттүм, агай…
(Кичине пауза). 
Чыңгыз. Да-а, слишком грустная история. 
(Пауза). 
Асел. (Тарткынчактап) История чистой, светлой, но трагической любви…
(Пауза). 
Чыңгыз. Жүрү кызым, кеч болуп кетти. Мени сени узатып коеюн…
(Экөө көлдү жээктеп узап баратышты. Тээ алыста, көгөргөн көлдүн ортосунда бир туруп аккуу сымал, бир туруп кереметтүү аял сымал бүлбүл караан кайдадыр сүзүп баратты).

Бүттү.

Декабрь, 1998 жыл – май, 1999 – жыл.


©Кулмамбетов Ж.О., 1999. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган


Количество просмотров: 5305