Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика
© Жаңыш Кулмамбетов, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 10-ноябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Октябрь төңкөрүшү – кандуу дөңгөлөктүн жүрүшү

Башка чындык

 

Адамзатка каршы кылмышка жол ачкан Октябрь

Ушул жылдын ноябрь айынын ичинде, так айтканда 7-8-числосунда, 20-кылымда бүтүндөй планетанын үрөйүн учурган, тоталитардык режимди орнотуп, адамзатка каршы аесуз кылмыш кылууга даңгыр жол ачкан тарыхый датага — Октябрь төңкөрүшүнө 96 жыл толду. Мурдагы орус империясынына, андан соң советтик империянын — социалисттик мамлекеттин составына кирген элдердин башына болуп көрбөгөндөй катастрофа алып келген бул тарыхый дата, биздин Кыргызстанда майрам болуп саналат (?!). (Календарды карагыла). Жада калса төңкөрүштүн чордонунда турган орустардын өздөрү майрамдабаган, бизге коңшулаш Өзүбекстан, Казакстан сыяктуу мамлекеттер белгилебеген датаны биз белгилейбиз, ушинтип, шаң менен. Бул биздин тарыхый аңкоолугубузбу, макоолугубузбу же чыны менен эле жалпы кемчонтойчулукка (маңкуртчулуктун эквиваленти) туш келгенибиз ушулбу?! Октябрь төңкөрүшүнүн кандуу дөңгөлөгүнүн (А.Солженицындын “Красное колесо” метафорасын алдым – Ж.К.) тепсендисинде кыргыздардын мыдыр этип баш көтөргөндөрүнүн каны суудай акканын, коммунисттик (большевиктик) кликанын запкысын миңдеген бейкүнөө адамдар тартканын ушул кезге чейин аңдап түшүнө албаганыбыз өтө өкүнчтүү. Биз, кыргыздар, Октябрь төңкөрүшүнөн башталган совет доорунун– тоталитардык мезгилдин зулумдугун айтсак эле, оозубузга 37— жыл гана келет. Бирок, 37-жыл – коммунисттик партиянын баш кесерлеринин – тоталитардык режимди орнотуучулардын ички күрөшү экенин элес албасак керек. Октябрь төңкөрүшү, совет бийлиги дегенде, биз кыргыздар, биринчи кезекте, таптык күрөш деген антигумманисттик жексур идеологияны бетке кармап, совет бийлиги – тоталитардык режим, 20-жылдардын ичинде, кыргыздын кылымдан бери калып алган феодалдык аристократиясынын сан-миңдеген өкүлдөрүн, коммунисттик зулум жетекчилеринин амири менен сот-сураксыз репрессивдик жол менен кырып салганын, аттырчусун аттырганын, сүргүнгө айдатчусун айдатып биротоло жок кылганын айтышыбыз керек. Мына ушул кандуу булоонду, 20-жылдардын ичинде, дал ошол ошол 37-жылы ички партиялык тазалоодо кыргынга учурашкан тоталитардык режимдин жергиликтүү өкүлдөрү – улуттук коммунисттик (большевиктик), советтик жетекчилер аесуз фанатикалык мыкаачылык менен ишке ашырышканын айтышыбыз керек. Бул өтө ачуу тарыхый чындык.

Албетте, кыргыз коммунисттеринин – Кыргызстанга тоталитардык режимди өтө ырайымсыздык менен орнотушкан большевиктик кызыл баш кесерлердин, элибиздин башына салган азабынын масштабын биз азыр толук билбейбиз. Түшүбүзгө да кире элек. Алардын кандуу кылмыштары, мыкаачылыктары архивдерде таңгак-таңгак болуп чаң басып жатат. Биздин мажирөө кыргыз тарыхчылары болсо, ошол материалдарды ийне-жибине чейин иликтөөнүн ордуна, баягы эле коммунисттик (большевиктик) идеологиянын, советтик доордун – тоталитардык режимдин диктаты менен жаралган конъюнктуралуу “тарыхтын” жыртылган чапанын улам жамап-жаскап коюп, “пролетардык диктатура, совет бийлиги – эл бийлиги, таптык күрөш” деген сымал саясий вульгардык түшүнүктөрдөн кутула алышпай, тамтыгы чыккан эски чоорду тартып олтурушат, жаңы эмгек катары көрсөтүп, акча алгандан уялышпай.

Ал эми В.И.Ленин баштаган коммунисттик жетекчиликтин бир ууч большевиктик диктаторлордун өз бийлигин сактап калуу үчүн чыгарган кандуу кыргынынын – адамзатка карата жасаган кылмыштарынын масштабы аябагандай чоң.

Бир гана орустун постсоветтик тарыхчыларынын жазгандарына таяна турган болсок, 1917-жылдын 25-26-октябрынан (азыркыча 7-8-ноябрынан) тартып, 1921-жылга чейин, башкача айтканда большевиктердин жетекчиси В.И.Ленин Эл комиссарлар советинин председатели катары (азыркыча премьер министр – Ж.К.) бийлик жүргүзүп, “пролетардык диктатура”, “совет бийлиги” деп, жумурай журттун мээсин айлантып, иш жүзүндө орус империясынын ордуна тоталитардык режимди орнотуп, бир ууч большевиктик төбөлдөрдүн үстөмдүгүн – диктатурасын күчүнө киргизген төрт жылдын ичинде 10 миллон адамды кыргынга учураткан! Акыл-эс токтотуп ойлоп көргүлө — 10 миллион өмүрдү бейкүнөө кыйышкан! Бул цифрага — биринчи кезекте, большевикттик төбөлдөр жана анын жер-жерлердеги партиялаш сателлиттери бийликти сактап калуу үчүн марксизмди бетке кармашып, жарандарды тапка бөлүп, эки жаат кылып кармаштырып, канды суудай төккөн 1918-жылдан 1920-жылга чейинки граждандык (жарандык) согуш кирет. Бул цифрага – биз ушул кезге чейин “жердешибиз” деп дардаңдап жетине албай жүргөн, кыргыздар тарых китептеринин бетинен алигүнчө түшүрбөй келаткан коммунисттик төбөлдөрдүн ырайымсыз залим жетекчилеринин бири — кызыл кол башчы М.В.Фрунзе кылычтын мизи, мылтыктын күчү менен жергиликтүү калкка карата репрессивдик методдорду аесуз пайдалануу аркылуу, Фергана өрөөнүнүн элинин канын Сыр дарыядай агызып туруп, совет бийлигине (иш жүзүндө коммунисттик төбөлдөрдүн диктатурасына) – тоталитардык режимге мажубурлап баш ийдирип, басып берген кандуу 1919-1920-жылдар кирет. Бул цифрга — 1920-жылы бир тоголок данына чейин эгинин совет бийлигине тарттырып ийишип ачка калышкан Тамбов губерниясынын дыйкандары Совет бийлигине каршы көтөрүлүш чыгарышканда (Антонов көтөрүлүшү), В.И.Ленин ВЧКага (Всероссийская Чрезвычайная комиссия – кийинки жана азыркы Мамлекеттик коопсуздук комитети – Ж.К.), анын жетекчиси Ф.Э.Дзержинскийге түздөн-түз көрсөтмө берип туруп, элдин жүрөгүнүн үшүн алуу максатында, эки миң дыйканды ашынган репрессивдик метод менен, сот-потсуз, ар бир экинчи зым карайгайга асып өлтүрткөн (!); ошондо советтик жаш кол башчы, болочоктогу советтик маршал Тухачевский жазалоочу армиясы менен тамбовдук дыйкандарды атып-кырып, канын судай төгүп, айыл-кыштагын өрттөп, совет бийлигинин (иш жүзүндө бир ууч большевиктер бийлиги) мыкаачылыгынын кандай экенин көрсөтөкөн сыяктуу толгон-токой кандуу окуялар кирет. Ушул, акыркы эле, адамдын үрөйүн учурган ырайымсыз кандуу мисалдан, “добрый дедушка” Ленин “атабыз” өзүнүн жеке бийлигин жана 1917-жылы Октябрда төңкөрүш жолу менен бийликке келишкен большевиктик бир ууч зулум кликанын бийлигин – тоталитардык режимди сактап калыш үчүн, адамзатка каршы кандай мыкаачылыктарга барганын көрүп алгыла!

Мындай, кандуу мисалдар, большевиктердин бийлигин кандай гана жол менен болбосун чыңдоого жандалбас урушуп, өтө катаал репрессивдик методдорду колдонуп, бейкүнөө элдин канын селдей агызган, адамдан түшүнө кирбеген мыкаачылыктардан кайра тартышпаган Ленин жетектеген коммунисттик (большевиктер) партиянын жана анын зулум, ырайымсыз жетекчилигин мойнунда толтура.

Баса, баарынан да, “Ленин атабыз болбосо Кытайга үрккөн кыргыздар кыйрап калмак, Октябрдын таңы атып, кыйналган кыргыздын багы ачылды” деп безилдесек, оозубуздан көк түтүн чыгат, ушул кезге чейин. Бир, чындыкка өтө жакын божолумду айтып коеюн, урматтууларым. Кыргыздын 1916-жылдагы Үркүнүнө себепкер болгондордун ана башы Ленин жана анын большевиктик партиясы деп эсептесек болот. Анткени, тээтиги 1914-жылы эле, Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда, Ленин “империалисттик согушту граждандык согушка айлантабыз” деген ураан таштап, Сибирден тартып Кавказга, анын ичинде Орто Азияны кошо камтып, чакан улуттардын баарын падышалык Россияга каршы тукуруу планын иштеп чыккан, бийликти ичинен алсыратып, падышанын тагын тартып алыш үчүн. Анан большевиктик подполье желип-жортуп барбаган жерге барып, элди бузуп, ак падышага аскер бербегиле деп тымызын үндөп, козута баштаган. Абай салып көргүлө, Орто Азиядагы көтөрүлүш бир эле мезгилде жапырт уюштурулуп, Жизактан тартып Ала-Тоо койнуна чейин, андан ары казактын кең талаасын кошо кучагына алып атат. Мотиви бирөө гана – ооруктагы иштерге балдарыбызды бербейбиз деген. Мына ушундай жапырт, бир учурда уюштуруу мүмкүнбү, көтөрүлүштү, эгер кимдир бирөөлөр алдын-ала даярдабаса? Демек, мындай уюшкан кампаниянын артында кимдир бирөөлөр турганын бөркүбүздөй эле көрө берсек болот. Ал Ленин жана анын большевиктер партиясы!

Экинчиси. Кытайга үрккөн кыргыздар, биздин тарыхчылар, адабиятчылар, сай медиреп Кеңеш өкмөтүн Токтогул Сатылганов баш болгон төкмөлөр мактап-чактап безилдегендей Октябрдын таңында Кыргызстанга кайтып келбей эле, ак падыша тактан кулаптыр деп угуп алып, тээ 1917-жылдын алашалбырт жазынан – март айынан тартып убап-чубап Ала-Тоого келе башташкан. (Баса, андай фактыны жада калса Үркүндү өз көзү менен көрүп, азап-тозогун тарткан Мукай Элебаевдин “Узак жолунан”, К.Жантөщевдин “Каныбегинен” оңой эле тапса болот). 1917-жылдын жайында үрккөн кыргыз дээрлик кайтып келип калган. Эми элементардуу арфиметиканын жардамы менен салыштырып көргүлө — Октябрга чейин дагы канча ай бар экенин. Ары болгондо жети, бери болгондо беш ай.

Анан баарын Лениндин гана эмгеги деп, советтик жомокту ушул кезге чейин жобурайбыз, Үркүндө ошонун айынан 280 миңден 370 миңге чейинки кыргыз кырылып атса!

Ал эми совет бийлигин орнотууга жандалбастып, Ленин башында, Фрунзеси кашында турган коммунисттер Фергана өрөөнүн канга сугарганын советтик тарыхтан өзүңөр таап окуп алсаңар болот.

Коммунисттер (большевиктер) орнотушкан тоталитардык системанын ырайымсыз репрессивдүү методдору совет мамлекетинде, анын ичинде Ала-Тоонун арасында 1921-жылдан кийин да өтө катаал мүнөздө ишке ашырылган. 1922-жылдагы андан соң 1927-жылдагы жер-суу реформасынын тушунда, мен башында айтып өткөндөй, мурдагы кыргыз феодалдык аристократиясынын миңдеген өкүлдөрү жапа чегишип, сүргүнгө айдалышып, ал тургай аттырылып, астырылып жок кылынган. Алардын калган-катканы коллективдештирүү учурунда – 1931-1934-жылдары кулакка тартылып, биротоло тыйпыл кылынган. Алардын башын ошондой апаатка учуратышкан, биринчи кезекте Кыргызстандын ошол учурдагы коммунисттик (большевиктик), советтик жетекчилери болгонун бүгүн эч ким тана албайт.

Эми, алакандай Кыргызстанда өткөн репрессиянын масштабын жалпы СССРдин мейкиндигине алып чыгып көргүлө, кандай картина пайда болоор экен!

Азыркы орус жазуучусу жана тарыхчысы Николай Стариковдун жазгандарына таяна турган болсок, 1921-жылдан 1954-жылга чейин, башкача айтканда Совет мамлекетинин башында И.В.Сталин турган учурда 3 777 380 киши репрессияга дуушар болуп, анын ичинен 642 980 жаран өлүм жазасына буйрулган. Ушул 642 980 кишинин арасында, бүтүндөй бойдон жок кылынган кыргыздын мурдагы улуттук каймактары — феодалдык аристократиясы да бар.

Баса, 1956-жылкы Советтер Союзунун Комунисттик партиясынын (КПССтин) ХХ съездинде анын генеральный секретары Н.С.Хрущевдун “Сталиндин башкаруу мезгилинде 11 миллион адам кырылган” деген сөзү документалдуу фактылар менен бышыкталбаган, волюнтаристтик аныктама катары төгүн экенин Н.Стариков жазып чыкты.

Бирок, маселенин маңызы мында эмес, 20-кылымда кыргыз элинин башына адам угуп, көз көргүс шор алып келген коммунисттик диктатурага, тоталитардык режимге, большевиктик кандуу бийликке, адамзатка каршы алардын кылган кылмыштарына Кыргызстанда алигиче тийиштүү баа бериле элегинде. Берилмек түгүл, каруусунан канга чыланган коммунисттик жетекчиликти урматтоонун үстүнө урматтоо менен алекпиз. Тоталитардык режимдин атасы, кандуу жетекчи В.И.Лениндин эстелиги, кандуу кол башчы М.Ф.Фрунзенин эстелиги, Кызыл Кыргызстандын төбөсүнө төө мантек ойнотушкан улуттук коммунисттик-партиялык жетекчилилердин – тоталитардык режимди орнотуучулар жана аны сактоочулардын эстеликтери борбор шаардан тартып, жер-жерлерде бакыйып, жайнап турат. Бул көрүнүш, чын-чынына келгенде, адамзатка каршы жана аскердик кылмыш кылды деп 20-кылымда расмий айыпталган Гитлердик Германиянын нацисттерине эстелик койгон менен барабар! Анткени, тоталитардык режимдин өзү адамзатка каршы кылмыш кылды деген аныктамага эч тоскоолдуксуз бап келет. Иракта тоталитардык режим орноткон Саддам Хусейинди жана анын генералдырын курдардды массалык кыргынга учуратканы үчүн, адамзатка каршы жана аскердик кылмыш кылды деп соттошконун, Ливиянын жетекчиси Муамар Каддафини да дал ошондой формулировка менен соттомок болушканына кечээ жакында эле күбө болдук. Бул аты аталган араб дүйнөсүнүн эки жетекчисинин жана алардын жан -жөкөлөрүнүн кылган кылмыштары, 20-кылымда бүтүндөй адамзаттын үрөйүн учуруп, келмесин оозунан түшүргөн, мурдагы империянын учу-кыйырсыз территориясында ыраймсыз репрессивдик методду пайдалануу менен дал ошондой учу-кыйрысыз массалык кыргын чыгарган, реперессиялоочу методду кеңири колдонгон биздин “гумандуу” “жол башчыбыз” Лениндин, анын жан-жөкөрлөрүнүн жана ар кайсы улуттук республикалардагы алардын сателиттеринин адамзатка каршы кылган кылмыштарынын жанында шоона эшпейт! Адамзатка каршы кылмыш кылышты деп айыпталышкан Саддам Хусейидин, Муамар Каддафинин эстеликтери дароо кулатылды, а биздин адамзатка каршы ченебеген кылмыш жасашкан коммунисттик (большевиктик) жетекчилердин ташка баткан элестери Кыргызстанда жайнап турат!

Мына, биздин кемчонтойчулугубуз!

 

Кандуу булоонду актаган жана жактаган, Айга, Күнгө теңеген “демократ” акын Токтогул 

Кыргыз совет мезгилинин торгоюу, “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду” деп жадыбалдай көкүрөгүбүзгө жат болгон ырдын автору Токтогул Сатылгановдун курулай демагогиясы, ушул кезге чейин кыргыз баласы үчүн тарыхый чындык катары кабыл алынып келе жатканы, өкүнүчтүү. Советтик идеологияга, коммунисттик конъюнктурага чылк сугарылган Токтогулдун бул ыры тарыхый сабатсыздыгы, курулай патетикалык тыянактары менен чыныгы тарыхка кенедей да дал келбесин айта кетели. Бирок, баарынан ыймансыздыгы — Токтогулдун оозу менен Октябрдын кандуу дөңгөлөгү, бүтүндөй бир империянын миллиондогон элин канга батырып таштаган Лениндин адамзатка каршы болуп көрбөгөндөй кылмышы акталып, жакталып, даңкталганында турат. Мынабул ыр саптарын карагылачы:

Э-эй, түпкү атабыз – кыргыздан,
    Запкыны көрдүк турмуштан.
    Айтканда сөзүм жапжарык
    Асманда күйгөн жылдыздан.
    Он жетинчи жылында 
    Николай тактан жылбышкан.
    Кеңешти куруп Ленин, 
    Кедейге устун тургузган!
   
Басып жеген калкымды
   
Бай-манаптар куулду! (алдан сызган мен – Ж.К.)
    Аты кедей балдары,
    Артыңдан шоруң жуулду!
    Николай нанын жегендер
    Амалын таппай муунду!
    Панардай жанып боштондук, 
    Бактыбызга туулду,
    Кандай аял тууду экен 
    Ошол Лениндей уулду!

Көрдүңөрбү, чылгый идеологияны? “Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду?!” деп, Токтогул атабыз оозун толтура баш кесер канкорду – 20-кылымдын Дракуласын Айга, Күнгө теңеп мактап атат! Кыргыздын бай-манаптарынын (аристократиясынын) жок кылынганына терисине батпай кубанып турат, алардын да кыргыз экенин таптакыр унутуп, Манас каракытай Алоокени сайып салгандан бетер. Таптык бөлүнүүнү – бай — кедейди сай медирете айтып, жалчылардын заманы келгенине сүйүнүп атат. Демек, жалчылар жаңы бийлик учуранда жашоого акылуу экен да, бай-манаптар закондон тышкаары, жашоого укусуз экен! Мынакей, “демокарат” акын даңктаган лениндик “гуманизм”. Баарынан да, боштондук келди деп жар салганы кызык, акындын. Анткени, ак падышанын эзүүсүндө муунганбыз деген Токоң, тоталитардык системанын тоталдуу репрессиясына учурап, мыңк эте албай турганына кейибей, кайра ошол кулчулук абалына шадаңдап атат, жетине албай.

Кудай билет, ушул чылк идеологиялык заказды Токтогулдун өзү чыгарганын. Эмнегедир менде күмөн саноо бар, бул ырды советтик кыргыз жазма акындарынын бири жазып туруп, Токтогулга жармаштырып койгондой. Анткени, белгилүү, атактуу бирөөнүн атына жамына салып өз оюун өткөрмөй тоталитардык доордогу эң кеңири тараган көрүнүштөрдөн болчу.

 

Уркуя ким – “баатырбы” же курмандыкпы?

Кечээ жакында эле, мындан бир-эки жылча илгери 1934-жылы жалпы элди зордуктап коллективдештирүүгө каршы чыгышкан душмандарынын колунан курман болгон Ноокаттык колхоз башкармасы Уркуя Салиеванын 100 жылдыгы белгиленди. “Кыргыз совет энциклопедиясында” минтип жазылып турат: “Кыргызстанда колхоз уюштуруучу активдеринин бири. 1929-жылдан КПССтин мүчөсү. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. 1928-жылы (эне сүтү оозунан кете элек 18 жашында – Ж.К.) Меркит-Мүркүт айылдык советине председателдикке шайланып, 1929-жылдан Кызыл-Аскер колхозун (райондо алгачкы) уюштура баштаган. ...Салиева күйөөсү менен тап душманынын колунан курман болгон. “Советская Киргизия” газетасынын 1934-жылы, 17-февралындагы санында Салиеванын курман болгону жөнүндө кабар жана эпкиндүү колхозчу аялдардын 1-съездинин делегаттарынын ага байланыштуу кайрылуусу жарыяланып, тап душмандарын аесуз жазалоого (алдын сызган мен – Ж.К.), колхоз түзүлүшүн чыңдоо үчүн дагы активдүү күрөшүүгө чакырган”.

Мени таң калтырган нерсе, ушул заманда, биздин эгемендүү эркин кыргыз мамлекети демократиялык жол менен өнүгүүгө баш коюп, жалпы адамзаттык асылдыктардын, баалуулуктардын жолуна түшкөн, тоталитардык системадан кол үзгөн, таптык душман деген жасалма концепциядан биротоло кутулган учурда – Уркуя Салиева баатыр болчу деп жар салынганы болду. Ал аз келгенсип, юбилейлик сахнада баягы эле совет доорундагыдай карикатуралуу, шаблондуу “мыкаачы тап душмандарынын” жүргөнү бир эсе күлкүңдү келтирсе, бир эсе кейитти. Элементардуу эле бир суроо туулат – Уркуя кайсы чет өлкөлүк баскынчыларга каршы Жанна Д Арктай болуп жан аябай кармашып, батырдык көрсөттү эле, деген. Бул факт, кечээки тоталитардык системанын күүсү менен ошол учурдагы совет бийлигин зулум саясатына келише алышпаган, өз менчигин, өз адамдык укугун коргогон мекендештерибизди тап душманы, басмачы кылып көрсөтүүнүн стереотибинен аң-сезимибиз дагы эле кутула электигинде турат.

Биз Уркуяны ошол заман аңтарылып турган оор мезгилдеги, социалдык, саясий катаклизимдердин, кандуу, кыйчалыш учурдун капшабына кеткен трагедиялуу курмандык катары көрсөткөнүбүз чындыкка дал келет. Жаш муундарды ошого багытташыбыз керек.

 

Тыянак: демократиялык иммунитетти чыңдоо зарыл

Кандай гана коом болбосун, өткөн тарыхый трагедиялуу учурларынын сабак алып, аны кайталабас үчүн аракет кылганда гана, анын жаркын келечеги камсыз болушу мүмкүн. Андыктан, 20-кылымда миллиондогон жарандардын башына мүшкүл салган, аларды кыргынга, апаатка учураткан, эң бир жексур, зулум системанын бири – тоталитардык режимге карата демократиялуу коомдо туруктуу иммунитет пайда болушу керек. Кыргызстан эгемендүүлүгүн, демократиялык жолду тандап алган өлкө катары келечегин камсыз кылыш үчүн, өткөн трагедиялуу мезгилге моралдык жактан так, даана баа берип туруп, тоталитардык замандын атрибуттарынан биротоло, чечкиндүү кол үзүшү зарыл. Азыркыдай тоталитардык мезгил менен жашынмак ойноонун эч кандай кажети жок. Анткени, “коммунизм”, “фашизм”, “нацизим” деген “измдер” өтө азыгырыктуу, анан коомдук аң-сезимди, айрыкча жаш муундардын психологиясын тез манипуляциялоого эң ыңгайлуу көрүнүштөрүнөн болуп саналат.

Кудай, тоталитаризимдин мүшкүлүн кайрадан башыбызга салгылык кылбасын...

 

Жаныш Кулмамбетов, драматург, сынчы, режиссер

 


Количество просмотров: 4728