Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Кулмамбетов Ж.О., 2006. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 15 октябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Аксыдагы атуу, же Боспиектеги каран түн

(Эки бөлүмдүү драмалык версия)


2002 — жылдын 17 — мартындагы кайгылуу Аксы окуясы тууралуу пьеса


                    17-март 2002-жылы -“кандуу жекшембиде”
                    кыргыз элинин эркиндиги үчүн  
                    шейит кетишкен 
                    аксылык жигиттердин 
                    элесине арнаймын.
                                              Автор.

 

Катышуучулар:
Сүйүн.
Таалайбек.
Бактыгүл.
Бегайым.
Жаңыбай.
Эркин.
Милиционер.
Жигит.
Келин.
Өспүрүм.
Карыя.
Булардан тышкаары жигиттер, эл, милиционерлер катышат.


Биринчи бөлүм

Биринчи сахна

Жол. Таң сөгүлгөн маал. Сүйүн жол менен, башын жерге салып, улам бир ташты селейе карап, күбүрөнүп басып келатты. Анан бир жерди кадала тиктеп, айланчыктап калды.
Сүйүн. (Үшкүрүнүп) Өх!.. Ушул жер... Каның топуракка сиңген жер ушул… (Олтурду да ичинен кайрып куран окуй баштады. Бата кылды. Анан көпкө чейин ошол жерди телмире тиктеп,үн-сөзсүз олтурду. Бир кыйладан кийин үнү каргылдана күбүрөндү) Курган балам, ай… Кууратып кеттиң го мени (көзүнө жаш толо түштү). Же бир баладай эле бала болсоңчу… Кайсы жазыгың үчүн?.. Кайсы жазыгың үчүн?.. (Күн чыгыш тарапты тиктеди. Күбүрөнгөнүн улантты) Күн чыгып келатат… (Улутунуп алды) Күндүн чыкканын көрбөй… Күндүн батканын көрбөй… Кырчындай кезиңде… (Жүзүнөн ылдый жаш куланып кетти. Жоолугунун учу менен жашын сүрттү. Каңырыгы түтөп) Ушинтип эле кайрылгыс болуп кетип калдыңбы, уулум?!.
(Алысты тиктеп,көзүнөн жаш жылжып,томсоруп олтурду, бир кыйлага. 
Ошол учурда Сүйүндүн жанына капысынан Бактыгүл келип калды).
Бактыгүл. (Бир чети таң кала) Апа?..
Сүйүн. (Селт этип) Сен да келдиңби?
Бактыгүл. (Ыңгайсыздана) И-и… Бирок… сиздин биякта экениңизди билген эмесмин. Күнүгө эле эртең менен эрте суу бойлоп басып кетчү эмес белеңиз. Бүгүн да суу бойлоп кетип баратканыңыздан...
Сүйүн. (Томсоруп) Суу бойлоп кайда барат элем… (Улутунуп) Бараар жерим кайсы дейсиң,балам… 
Бактыгүл. (Капысынан селейе түштү) “Суу бойлоп басып келейин” деп коюп… күн сайын ушуякка келип жүрөсүзбү?
Сүйүн. (Буркурап,өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жиберди) Эмне кылам, анан?!. Эмне кылам?!.. 
Бактыгүл. (Сүйүндү кучактап кошо ыйлады) Шорубуз катты го, апа-а!..
(Экөө бир кыйлага чейин ыйлап олтурушту).
Сүйүн. (Кыйладан соң солуктай) Капырай,таакыр ишенгим келбейт… Баягысындай эле күлмүңдөп, ушул жерде тирүү жүргөндөй сезилет, мага…  
Бактыгүл. (Жашын сүртүп) Мен дагы таакыр унута албай койдум… Айланчыктап эле ушул жерге келем…
Сүйүн. (Үшкүрүп,аяй) Сага убал болду, балам, жапжаш туруп жесир калдың… 
Бактыгүл. (Көзүнүн кычыгына кайра жаш толуп) Чиедей-чиедей балдары жетим калды… Күнүнгө атасын күтүшөт… Ошолордун жалдыраган көздөрүн көрүп, сай-сөөгүм гана сыздайт ко!.. (Кайдадыр жек көрө карады) Мыкаачылар, ий, мыкаачылар!.. Силердин да балдарыңыр ушинтип жетим калып, ушинтип жалдырап калышсын, ылайым!.. 
Сүйүн. (Башын чайкап) Кой, балам, ачууга алдырба. 
Бактыгүл. (Үнү каргылдана) Жаным ачыганда, айлам куруганда айтып атпайымбы, апа!..
Сүйүн. Жаныңа таш батса да антип бирөөнө жамандык тилебей жүр, балам. Күнөө болот.
Бактыгүл. (Ызалуу) Дайыма ушинтип тыясыз…”Кудайдын алдында күнөөгө батпайлы” дейсиз. Ошону тээтигилериңиз билип коюшуптурбу?!. Карабашыл кишилерди таламандын так түшүндө атып таштап,эч нерсе болбогондой деңкеңдеп басып жүрүшөт, апа!.. Алардыкы күнөө эмеспи?!.
Сүйүн. (Каңырыгы түтөп) Кантип күнөө болбосун-чоң күнөө!..
Бактыгүл. (Ызалуу) Анан эмне дейсиз?!.
Сүйүн. Алар ошол күнөөсү үчүн эртеби-кечпи Кудайдын алдында сурак беришет. Эч ким жасаган күнөөсү үчүн жазадан кур калбайт.
Бактыгүл. (Ызалуу) Ушинтип өзүңүздү курулай жубатпаңызчы, апа!..
Сүйүн. (Каңырыгы түтөп) Кудайга койбогондо биздин колубуздан башка эмне келет, балам…
Бактыгүл. (Жаны түтөп) Тоок уурдагандар да камалып,жазасын алып атышат!.. А киши өлтүрүп коюшуп, эмне үчүн жазасын алышпайт?!. Алар түрмөгө олтурмайынча менин көксөөм суубайт!.. Эч кимдин көксөөсү суубайт, апа!.. 
Сүйүн. (Үшкүрүп) Билем, билем…
Бактыгүл. (Ызалуу) Ким ушул ишти кылса-ылайым жакшылык бетин көрбөй калышсын!.. (Буркурап ыйлап) Көрүндө өкүрүп калышсын!..
Сүйүн. (Башын чайкап) Антип айтпа… Антип айтпа…
Бактыгүл. (Буркурап-боздоп) Кайсы жазыгы үчүн?!. Кайсы жазыгы үчүн?!.

Экинчи сахна

Сүйүндүн короосу. Сүйүн чий чырмап аткан. Аңгыча сумкасын көтөрүп 14-15 жаштагы Таалайбек мектептен келип калды. 
Сүйүн. (Ишин токтотпой) Келдиңби, мектептен?
Таалайбек. И-и…
Сүйүн. (Ишин токтотпой) Сабактарың жакшы башталып атабы?
Таалайбек. Жакшы эле…
Сүйүн. (Ишин токтотпой) Мугалимдериң толук эле бекен,быйыл?
Таалайбек. Толук эле го. Баардык эле сабактар бүт эле өтүлүп атат.
Сүйүн. (Ишин токтотпой) Жакшы оку,эми балам…
Таалайбек. Жакшы эле окуйм,апа. (Бир аз тынымдан соң) Апа, эмне кылып атасыз?
Сүйүн. Чий чырмап.
Таалайбек. Эмнеге?
Сүйүн. Сен чоңоюп калбадыңбы. Ак тилек деп коет, муну. Сага арнап түндүк көтөрүп койсокпу деп атпайбызбы.
Таалайбек. (Түшүнбөй) Кандай түндүк?
Сүйүн. Кадимки эле түндүк. Боз үй. (Жылмайып) Кыргыздын боз үйү.
Таалайбек. (Түшүнбөй) Боз үйдө жашайбызбы, анан?
Сүйүн. (Жылмайып) Жайкысын жылууда тигип коебуз, сага арналган үй деп. Көңүлүңөр чапса, колуктуң экөөң жайкысын боз үйдө уктайсыңар.
Таалайбек. (Уялып кетти) “Колуктуң экөөң” дейсизби?..
Сүйүн. Анын эмнесине уяласың? Сен да чоңоесуң. Колуктулуу болосуң. Бизди келиндүү кыласың. Анан колуктуң экөөң кааласаңар жылууда боз үйдө жашасаңар болот.
Таалайбек. (Эмне сөз табаарын билбей) Ичи ысык болбойбу?
Сүйүн. (Күлүп) Салкын болот,кайра. Кыргыздар,илгери жайдыр-кыштыр боз үйдө жашап келишкен да.
Таалайбек. Кышында суукка тоңушчу беле?
Сүйүн. (Күлүп) Ай,балам,ай… Кишинин күлкүсүн келтиресиң да… суукка тоңуп калса – кыргыздар ушу күнгө чейин жашамак беле. Боз үй сактаган да, кыргызды, сууктан да, ысыктан да. 
Таалайбек. (Уялып кетти) Мен каяктан билейин анысын… Айтышат го, кыргыздар таш үйдө, жер үйдө жашай беришкен, жапайылар сыяктуу деп…
Сүйүн. (Олуттуу) Ошентип айткандардын өзүлөрү жапайы. 
Таалайбек. Эмне үчүн анда, жер тамда жашады эле, кыргыздар?
Сүйүн. Суугу өтө катуу жерлерде эле кээ бирлери таш үйдө, же жер үйдө жашабаса, кыргыз жайдыр-кыштыр боз үйдө эле жашаган, балам.  
Таалайбек. Эмне үчүн кыргыздар башка элдердей болуп заңгыраган ак сарайларды салышкан эмес, апа?
Сүйүн. Эмне үчүн?.. (Ойлоно түштү) Кыргыз деген көчмөн калк болгон да, балам. Көчмөн эл заңгыраган ак сарай куруп коюп, малын жайып жайлоого чыгып кетсе, ээн калган сарайды бузуп, талкалап кетпейби, көрүнгөн. Ошон үчүн кыргыз тамак-ашын да, үйүн да өзү менен кошо жүктөп жүргөн.
Таалайбек. (Ойлонуп) Аа-аа… Эми түшүндүм. (Бир аз тыным) Заңкайган апакай боз үй болобу?
Сүйүн. Апакай заңкайган боз үй болот.
Таалайбек. Баса, апа, сиз билесизби? 
Сүйүн. Сура, билсем айтып берейин.
Таалайбек. Эркиндик деген эмне?
Сүйүн. (Уулун таң кала карады) Аны сага ким айтты? 
Таалайбек. Бүгүн адабияттан мугалимибиз сочинение жаздырды, “Эркиндик” деген темага. 31-августта биздин республика эркиндик жарыялаган турбайбы, ээ апа? Мугалим айтты. 
Сүйүн. (Башын чайкап) Курган Горбачев, ушинтип олтурса Союзду бүт таратып ийет го. 
Таалайбек. Горбачев эмес, баягүнкү ГКЧП күнөөлүү дейт, мугалимибиз.
Сүйүн. Горбачевдун жумшактыгынан ушул ГКЧП чыгып атат да.
(Кичине тыным).
Таалайбек. Анан мугалимибиз келип, “ГКЧПнын убагында каякта элеңер, эмне кылдыңар, ата-энелериңер эмне дешти?” деп сурады.
Сүйүн. А сен эмне дедиң?
Таалайбек. “Биз үйдө эле болдук, телевизордон көрүп аттык, радиодон угуп аттык” дедим. Айттым, “атам-апамдар “жакылдаган байкуш Горбачевду өлтүрүп коюшкан жокпу?” деп аябай сарсанаа болушту” деп. Мугалим аябай күлдү. Анан “Биздин элдин ырысы бар экен, ГКЧП кулап калды. Болбосо, шорубуз катмак. Баш көтөрө албай кулдай болуп жашамакпыз” деди. “Эми, мындан ары эркин мамлекетпиз, ошого карата эркиндик деген темада силерге сочинение жаздырам” деди. Анан жаздырды. Окуучулардын көбү эле жакшы түшүнүшпөйт экен, эркиндик эмне экенине. 
Сүйүн. А сен түшүнөт бекенсиң?
Таалайбек. (Уялып) Мен дагы жакшы билбей койдум…
Сүйүн. Жазган жоксуңбу, анан?
Таалайбек. (Ого бетер уялып) Жаздым… Бирок… Иши кылып жазып таштадым. 
Сүйүн. Эмне деп жазып таштадың?
Таалайбек. (Дагы эле уялып) Жөн эле… тиги… тарыхтан окугандарымды эстеп эле жазып берип койдум. 
Сүйүн. Тарыхтан эмнени окудуң эле, үркүндүбү?
Таалайбек. (Уялганы тарабай) Жок… “Кандуу жекшембичи…” Ошону жазгам… 
Сүйүн. (Таң калып) “Кандуу жекшемби?..” Ал эмне болгон “Кандуу жекшемби” эле?
Таалайбек. Сиз да мектептен окудуңуз беле, апа?
Сүйүн. (Күлүп) Кантип окубай коеюн, окугам. Окуганда да жакшы окугам.
Таалайбек. (Жандана түштү) Окусаңыз,билесиз да,1905-жылкы революцияны?
Сүйүн. (Башын чайкап) И-и… И-и… айта бер балам, айта бер.
Таалайбек. (Тартынбай) Ошол революция “кандуу жекшембиден” чыккан да. Поп Гапонду билесизби,апа?
Сүйүн. (Ыңгайсыздана түшкөнүн жашырып) Ал кайсы поп эле?
Таалайбек. Жумушчуларды орус падышасына баштап барган попчу?
Сүйүн. А-а… Ошобу? А жумушчулар эмнеге баратышты эле, падышага? Жакшы эстей албай атпайымбы, эсиме жара чыккырдыкы.
Таалайбек. Укугун талашып, мындай… демонстрация өткөрүшкөн да, ошол күнүчү. Падышанын колуна талаптарын беришмек да. А падышанын аскерлери тынч эле демонстрацияга чыккан элди атып атышпайбы.
Сүйүн. (Бүшүркөп) И-и… эстедим-эстедим. Биз деле мектептен өткөнбүз. Ошондо падышанын аскерлери аябай көп кишини атып өлтүрүшкөн. Январь айы беле, калп айтпасам?
Таалайбек. (Кубанып кетти) Туп-туура,апа,туп-туура!.. 9-январь,жекшемби күнү болчу. Ошол “кандуу жекшембиден” кийин революция чыгып атпайбы.
Сүйүн. (Башын ийкегилеп) Ооба… Ооба… Дайыма календарга чыкчу эмес беле. Мектептен да окуганбыз. 
Таалайбек. (Күлүп) Окусаңыз эмне үчүн унутуп калдыңыз?
Сүйүн. (Жылмайып) А-аа,балам,аны мен тээ сен сыяктуу бала чагымда окусам,анын баары эсиңден чыгып кете берет да. Же мугалим болбосом, күнүгө даярданып сабак берип жүргөн. Азыр сен айтсаң, элес-булас эсиме түшүп атпайбы.
Таалайбек. Ошону жаздым да сочинениеге. “Карапайым эл…” Жумушчулар да карапайым эле эл да,туурабы, апа?
Сүйүн. Туура,балам,туура. Эмгекчи элдин баары эле карапайым эл болот.
Таалайбек.“Карапайым эл өз укугун, өз эркиндигин талашып, тынч эле демонстрация менен баратышканда орус падышасынын аскерлери аларды атып, өлтүрүп таратышкан. Алардын эркиндиги ошентип тебеленип-тепселип калган” деп жаздым. Туура эле жазыптырмынбы?
Сүйүн. (Арсарсып) Туура эле жазгансың го балам, бирок… (Бир аз тынымдан соң) Азыр үркүндүн жетимиш беш жылдыгы деп атышпайбы. Ошол биздин кыргыздын эркиндигин талашкан эң биринчи көтөрүлүшү экен да.
Таалайбек. Кимден талашты эле?
Сүйүн. Орус падышасынан да. Согушка аскер бербейбиз деп чыгышпайбы, кыргыздар. Ошондо биздин элди падышанын аскерлери аябай аткан да. Эл аябай көп окко учуп, калганы Кытайга үркүп качып, ач бел, куу жондо кырылып калып атпайбы.
Таалайбек. (Өкүнүп) Ка-ап, апа, ушуну жазсам болмок экен,ээ? Мен муну жакшы билчү эмесмин да, мурда.
(Кичине тыным).
Сүйүн. (Күлүп) Апаңдан экзамен алдың го, балам, тим эле, капкайдагы унтулган нерселердин баарын эстетип.
Таалайбек. Унутулган дейсиз, билет турбайсызбы, баары бир.
Сүйүн. (Ойлоно түштү) Аның чын, мындай нерселер көкүрөктүн түпкүрүндө жашап жүрө берет турбайбы. (Кичине тынымдан соң) Курсагыңды тойгузуп алып, чий чырмашасыңбы, өз үйүңүн?
Таалайбек. Азыр эле чырмашайынчы, тамакты анан ичейин.
Сүйүн. Мейлиң, балам.
(Эне-бала чий чырмап атышты. Бир аздан кийин жашы алтымыштан ашып калган Жаңыбай кирип келди, Сүйүндүн короосуна. Көңүлү чөгүңкү эле анын).
Жаңыбай. Амансыңбы, Сүйүн?
Сүйүн. (Шашкалактап) Аманчылык, келиңиз, келиңиз.
Таалайбек. Салоом алейкум.
Жаңыбай. Алеки… (Сүйүнгө) Мени издеп барыпсың, үйгө?
Сүйүн. Сизди уук матайт деп угуп, ошого баргам.
Жаңыбай. Ким айтты, аны?
Сүйүн. Мурда эле уккам. 
Жаңыбай. (Бурк этип) Мен уук матабайм. Уук матамак турсун түк колума алып көргөн жан эмесмин. (Кичине тынымдан соң) Менин чоң атам боз үйдүн жыгач-ташын жасаган уста болуптур. (Анча көңүлү жок) Азыр Абды жасай коет, уук-керегени.
Сүйүн. Абдыңыз ким?
Жаңыбай. Менин атамдын агасынын баласы. Чоң атабыз бир.
Сүйүн. Биздин айылда Абды деген киши жок ко?
Жаңыбай. (Бурк этип) Ал башка айылда турат.
Сүйүн. (Тартына) Туугандар бир айылда турушчу эле го?..
Жаңыбай. (Кабагын бүркөп) Турбаганыбыз ошол да. (Кырсыйып) Абдынын атасы… атамдын агасы, совет бийлигинин душманы болгон. Кулакка тартылып, сүргүнгө айдалып барып келген. 
Сүйүн. И-и, ошондон кийин башка айылда туруп калган турбайбы?
Жаңыбай. (Ооз учунан) Ооба.
Сүйүн. Катышып турасыңарбы?
Жаңыбай. (Кырс) Мен деген коммунистмин!.. Менин атам да коммунист. А алар эл душманы болгон!
Сүйүн. (Өзүн ыңгайсыз сезе) Таакыр катышпайт турбайсыңарбы, анда?
Жаңыбай. (Кырс) Биз катышпайбыз. Бала-бакыра, кыз-кыркындарыбыз катыша коюп жүрүшөт. Жакындан бери.
Таалайбек. (Сөзгө аралашып) Жаңыбай ата, уулуңуз да коммунистпи?
Жаңыбай. (Кырс) Кайсы уулум?
Таалайбек. Милиция балаңыз бар го?
Жаңыбай. (Кырс) Эркин жөнөкөй милийса эмес. Милийсанын офицери. Офицерлердин баары коммунисттер.
Таалайбек. Кээ бир коммунист аталардын балдары жөн эле жүрүшөт ко, коммунист болушпай эле?
Жаңыбай. (Кучунашы кармап) Жүрсө жүрө беришсин! Менин уулум антпейт! Мен коммунист болсом, уулум да коммунист болот!
(Кичине тыным).
Сүйүн. (Тарткынчактай) Ал кишинин… Абды акенин дарегин билсек болобу?
Жаңыбай. (Кырс) Аны үйдөн, балдардан сурагыла, Мен билбейм. (Кыжыры келип) Билгим да келбейт! (Өзүнчө) Кудай берип койду да аларга, жыргап атышса керек.
Сүйүн. (Тартына) Кимди айтып атасыз?
Жаңыбай. (Үтүрөйүп) Кимди болсун-совет бийлигинин душмандарын айтып атам. 
Таалайбек. (Араң батынып) Жаңыбай ата, а мынабул ГКЧП болбодубу, ошондо сиз…
Жаңыбай. (Таалайбектин сөзүн жулуп алып) ГКЧП болсо эмне экен?!. ГКЧП элге жамандык каалаптырбы?!. Ошолор болсо оңолмокпуз!.. Эл бузулуп атат!.. Тартип кетти элден!.. Бүт баары ээнбаш болуп кетишти!.. Ушунун баарын кылган жанагы жаман Горбачев!.. Коммунисттердин абийирин төктү,акмак десе!.. Горбачевду асып өлтүрүш керек болчу, Ельцин экөөн кошоктоп туруп!.. Мен ГКЧПнын оордунда болгондо биринчи кезекте Горбачев менен Ельцинди жайламакмын!.. Экөөнүн көзүн тазаламакмын!.. Ошондо оңолмокпуз!.. (Пауза.) Горбачев элди жайына коюп койду да,акмак!..
Таалайбек. (Араң батынып) Элди жайына койсо жаманбы?
Жаңыбай. (Буркулдап) Жаман!.. Элди башкарып туруш керек!.. Эл бир нерседен коркуп туруш керек!.. Элди ээн-эркин жайына коюп койчу, эмне болоор экен?!..
Таалайбек. (Тартына) А эмне болот?
Жаңыбай. (Туталанып) Мына ушундай болот!.. (Сүйүнгө) Айтып турганын көрдүңбү, уулуңдун? Так ушундай болот!..
Сүйүн. Булар азыр бала да, аке.
Жаңыбай. Так ушулар эртең биздин түбүбүзгө жетет!.. Ушулар ойрондойт элди!.. Мына, Горбачевдун акмакчылыгы ушул!.. Булар деген Ленинди билбей өсүшөт да!..
Таалайбек. (Мойноп) Билем мен, Ленинди…
Жаңыбай. (Демитип) И-и, кана эмнесин билесиң Лениндин?!..
Таалайбек. (Кызарып,мукактана) Билем эле… Окуганбыз мектептен.
Жаңыбай. (Төшүн койгулап) Мына!... Ленин менин жүрөгүмдө!.. Түшүндүңбү?!.
Таалайбек. (Сестене башын ийкеп) И-и…
Жаңыбай. (Кекене) Шашпагыла!.. Баары бир биздин кезек келет!.. Лениндей бирөө чыксын,ошондо көрөм!.. Советтер Союзуна темирдей тартип орносун!.. Ошондо оңолобуз!.. Баары бир ошондой болот!..
Таалайбек. (Араң батынып) Жаңыбай ата… Мындан ары Советтер Союзу кандай болот?
Жаңыбай. (Түшүнбөй) Эмне болот экен Советтер Союзу?!.
Таалайбек. (Тарткынчактай) Кыргызстан өз алдынча эркин мамлекет болду деп атышпайбы…
Жаңыбай. (Буркан-шаркан түшүп) Мына!.. Мобул акыр замандын баласынын айтып турганын карачы!.. Ошон үчүн ушинтип атабыз да!.. Ошон үчүн ушул күнгө жеттик да!.. (Сөөмөйүн кезеп) Эртең Горбачев, Ельцин, Назарбаев, Акаевдердин баары түрмөгө олтурат!.. Ошондой болот!.. Мхи!.. “Эркиндикти” ошондо көрөсүңөр!.. (Чыгып кетти).
Таалайбек. Бул кишиге эмне болгон, апа?  
Сүйүн. Коммунист да, эски актив, ичи ачышып атса керек.
Таалайбек. Эмнеге?
Сүйүн. ГКЧПнын жеңилип калганына. (Кичине тыным) Горбачевдун заманында кызматтан алынган болчу. 
Таалайбек. (Бир аз тынымдан соң) Апа,ГКЧП ырас эле жеңилип калыптыр, ээ?
Сүйүн. Эмне болду?
Таалайбек. ГКЧП жеңсе, Жаңыбай ата элдин баарын түрмөгө салмак окшойт. 
Сүйүн. Эмнеге,ботом?
Таалайбек. “Эл бузулду. Ээнбаш болуп кетти” деп атпайбы. Чын эле эл бузулдубу, апа?
Сүйүн. Бузулбай-этпей эле турат. Элден айланайын. 
Таалайбек. Жаңыбай ата эмне деп атат, анан?
Сүйүн. Ал Жаңыбай атаң сыяктуулардын эле чыгарган сөзү да.
Таалайбек. Коммунист да, ошон үчүн да, ээ?
Сүйүн. (Ойлоно түштү) Туура айтасың, ай, балам. Ушул мен бала болуп, акыл киргени “эл бузулат, элди оңдош керек, элди оңдомоюнча иш оңолбойт” дегенин эле угуп келатам…
Таалайбек. …коммунисттердин. 
Сүйүн. И-и…
(Пауза.)
Таалайбек. Апа, ”атам коммунист болчу” деп атпайбы?
Сүйүн. И-и?..
Таалайбек. Атасы коммунист болсо, эмне үчүн уулунун атын Жаңыбай койгон? Коммунисттер бай-манаптарга каршы да?
Сүйүн. Кыргыз коммунист да балам… Кыргыз коммунист же “бай” же “бек” болот. (Мыйыгынан) Каракесек эч кимиси болбойт.
Таалайбек. Эмне үчүн?
Сүйүн. Же байыгысы келет, же эл башкаргысы келет да.
Таалайбек. Элди сөзсүз эле башкарып туруш керекпи, апа?
Сүйүн. (Ойлонуп калды) Кыйын суроо бердиң балам…

Үчүнчү сахна

Бир жылдан кийин. Күзгө маал. Сүйүндөрдүн короосу. Ээн. Бир аздан соң короого 15-16 жаштардагы Таалайбек менен Бактыгүл кирип келишти,ээрчишип.
Бактыгүл. Чыныңды айтчы, эмнеге ээрчитип келдиң, мени, биякка?
Таалайбек. (Тамашалай) Башыңа жоолук салдырайын деп…
Бактыгүл. Чын айтып атасыңбы?
Таалайбек. Чын.
Бактыгүл. (Ишенээр-ишенбесин билбей) Сен кызыксың го…
Таалайбек. (Билмексен болуп) Эмне болду?
Бактыгүл. Азыр экөөбүз окуучубуз да.
Таалайбек. (Дагы эле билмексен болуп) Окуучу болсок эмне экен?
Бактыгүл. Ошол болмок беле…
Таалайбек. Анын эмнеси бар экен, экөөбүз мектепке чогуу барып, чогуу келип турабыз.
Бактыгүл. (Кызалаңдап) Ооба, сага!.. (Кетмекчи болду).
Таалайбек. (Жолун тороп) Каякка?
Бактыгүл. (Ачуулуу) Тоспо!.. Үйгө барам!..
Таалайбек. (Кое бербейм) А мен бардырбайм, сени.
Бактыгүл. (Жулкунуп) Көрөбүз!.. Кое бер!..
Таалайбек. (Кыйкырып) Ай, апа-а!.. Ай, апа-аа!.. Ке…ке…келиниңиз кетем деп ата-ат!..
Бактыгүл. (Ого бетер тултуңдап) Кое бер дейм!.. Мен силерге келин эмесмин!.. Кое бер!.. Көрсөң муну!.. 
Таалайбек. (Кыйкырып) Апа-аа!.. Бол, тез!.. Жоолугуңду алып чыга кал!.. Апа-аа!.. 
Бактыгүл. (Ого бетер жулкунуп) Кое бер!.. Кое бер!.. Кое бер деп атам!..
Таалайбек. (Кое берип жиберди) Мына, тамашалап атса…
Бактыгүл. (Жулкунуп кетип баратып токтоп калды) Мындай тамаша болбойт!
Таалайбек. Анан кандай болот?
Бактыгүл. (Тултуңдап) Барчы ары!
Таалайбек. Кандай? Айтсаң?.. (Бактыгүлдү тиктеп туруп бышкырып жиберди).
Бактыгүл. (Бир аздан кийин кошо бышкырды) Жаман экенсиң…
Таалайбек. (Бир аздан кийин күлкүсүн тыйып) Ишендиңби?
Бактыгүл. (Күлкүсүн тыйып) Ишендим. (Бетин басып) Азыр апаң чыга калсачы?
Таалайбек. Апам жок, үйдө. Кечээ боз үй жасаган устаныкына кеткен. Эртең келет.
Бактыгүл. (Күлүп) Ошон үчүн мени тартынбай ээрчитип келген турбайсыңбы, ээ?
Таалайбек. Ооба да.
Бактыгүл. Чын эле сабак даярдайбызбы, анан?
Таалайбек. Жок.
Бактыгүл. (Таң калып) Калпычы десе… анан эмне кылабыз?
Таалайбек. Чий чырмайбыз.
Бактыгүл. (Күлүп) Сен чын эле кызык экенсиң, ай!
Таалайбек. Эмнеге?
Бактыгүл. (Күлүп) Сүйлөшкөн кызыңа эмитен жумуш жасатасыңбы?
Таалайбек. Ал боз үй экөөбүздүкү болот. 
Бактыгүл. (Кызарып) Аны сага ким айтты?
Таалайбек. Мага арнап жасап атышпайбы. Мага арналгандан кийин – экөөбүздүкү болот да. Ошон үчүн жардамдашалы деп атам. Апам жокто аябай арбытып таштайлы. Келгенде кубанып калсын. 
Бактыгүл. Чын эле боз үйдө жашагың келип атабы?
Таалайбек. Экөөбүз жашайбыз.
Бактыгүл. А кышындачы?
Таалайбек.(Күлүп) Кышында аяз атадай күпшүйө кийинип алып жата беребиз. 
Бактыгүл. (Бышкырып ийди) Сен аяз атадай кийинет экенсиң, а менчи?
Таалайбек. Сен аяз… ападай кийинесиң да.
Бактыгүл. (Кыткылыктап) Аяз апа болбойт, аяз кыз болот. Снегурочка.
Таалайбек. (Кошо каткырып) А сен аяз апа болосуң.
Бактыгүл. (Кыткылыктап) Анан?
Таалайбек. (Кошо күлүп) Анан… анан… Кичинекей Аязбектер… Аязгүлдөрүбүз болот да.
Бактыгүл. (Кызарып кетти) Өзүбүз бала болуп туруп… Жинди экенсиң… 
Таалайбек. (Күлүп) Биз эмне, өмүр бою эле бала бойдон жүрө бермек белек. Чоңоебуз да. Ошондо… Киресиңби, үйгө?
Бактыгүл. Жок.
Таалайбек. Анда сен чий чырмай бер, мен азыр… сага айран алып чыгайын.
Бактыгүл. Мен билбейм да чий чырмаганды. Сен билесиңби?
Таалайбек. Апамдан үйрөнбөдүмбү (Бактыгүлгө үйрөтө баштады, кантип чырмашты) Көрдүңбү? Ушинтип эле коет.
Бактыгүл. (Жүрөксүнүп) Бузуп албаймынбы?
Таалайбек. Коркпо. Оймосун улантып эле чырмай бер. (Үйгө кирип баратып) Жакшылап чырма, бул экөөбүздүн үйүбүз.
Бактыгүл. (Кызарып) Сеники чын…
(Таалайбек үйгө кирип кетти. Бактыгүл чий чырмай баштады. Бир аздан кийин эки кесе айран көтөргөн Таалайбек кайра чыкты үйдөн. Бир кесени Бактыгүлгө узатты. Экөө айран иче башташты).
Таалайбек. Таттуу айран бекен?
Бактыгүл. Ооба. Ким уютту эле?
Таалайбек. Апам уютуп кеткен.
Бактыгүл. А мен сени уюткан экен деп атпаймынбы.
Таалайбек. Кийин сен уютуп берип турасың.
Бактыгүл. (Кызарып) Ии-ии… Айта бер, айта бер…
Таалайбек. Чын эле айтам.
Бактыгүл. (Кызарып) Уйду да мен саайм да, ээ?
Таалайбек. Анан эмне.
Бактыгүл. А сенчи?
Таалайбек. А мен… мен… уйдун мүйүзүнөн кармап турам.
Бактыгүл. (Түшүнбөй) Эмнеге?
Таалайбек. Уй мөңкүп кетпесин да (Күлүп ийди).
Бактыгүл. (Кыткылыктап) Уй кантип мөңкүйт?
Таалайбек. (Уйдун мөңкүгөнүн туурап) Моминтип… моминтип…
Бактыгүл. (Колу менен Таалайбекти көрсөтүп, боору эзилгенче күлүп) Се… се… сени-ки… уйга окшобой эле… ат… атка окшоп калды.
Таалайбек. (Дагы туурап) Экөө тең эле ушинтип мөңкүшөт.
Бактыгүл. (Күлкүсүн араң тыйып) Куудул экенсиң. Боорумду эзип таштадың.
Таалайбек. (Күлүп) Ушинтип бооруңду дайыма эзип берип турам. (Бактыгүлдүн чырмаган чийин көрүп) Мына. Коркосуң, сонун эле чырмайт турбайсыңбы.
Бактыгүл. (Күлмүңдөп) Чын эле чырмай алат бекемин?
Таалайбек. Карачы, апамдыкынан айырмасы жок чырмадың.
Бактыгүл. (Кызарып) Калп айткан жоксуңбу?
Таалайбек. Эмнеге калп айтмак элем? Өзүң деле салыштырып көрчү. Мына. Эми, ушинтип эле чырмай бер.
(Экөө чий чырмай башташты)
Бактыгүл. Бул боз үйдү баштаганыңарга канча болду?
Таалайбек. Былтыр баштаган, апам.
Бактыгүл. Качан бүтөт?
Таалайбек. “Сен армиядан келгиче бүтөбүз, буюрса” деп атышат. Көрсө, боз үй аябай көптө бүтөт экен. (Кыялдана) Заңкайган апакай боз үй болот!
(Экөө чий чырмап атышты)
Бактыгүл. Боз үйдүн түндүгү болот да, ээ?
Таалайбек. (Күлүп) Чамгарагы жок да боз үй болчу беле.
Бактыгүл. “Чамгарак” дейсиңби? Ал эмне?
Таалайбек. Билбейсиңби?
Бактыгүл. Жок.
Таалайбек. Түндүктү чамгарак дейт.
Бактыгүл. Аны сага ким айтты?
Таалайбек. Эми, боз үй жасап аткандан кийин билиш керек турбайбы.
Бактыгүл. Чамгарак… жакшы сөз экен.
Таалайбек. Кыргыздын нукура сөзү да, Манастан баштап келаткан.(Кичине тынымдан соң, капысынан) А-а… Эми түшүндүм!
Бактыгүл. Эмнени?
Таалайбек. Биздин желектеги түндүкчү…
Бактыгүл. Кайсы желектеги?
Таалайбек. Кыргызстандын желегиндегичи… 
Бактыгүл. И-и?…
Таалайбек. Ошол түндүк бекер тартылбаптыр да!..
Бактыгүл. Айта берсең эми.
Таалайбек. Түндүк көтөргөн деген!.. Эмне экенин түшүндүңбү?!.
Бактыгүл. Айтпайсыңбы ары жагын.
Таалайбек. Түндүктүн тартылганы – кыргыз элинин өзүнчө түндүк көтөргөнү турбайбы!.. Мына,каякта экен мунун мааниси!.. А мен ойлоп жүрбөймүнбү,эл сыяктуу эле,”эмне эле күн карамадай кылып муну тартып койгон” деп. Көрсө,күн карама эмес экен!.. Кыргыздын түндүк көтөргөнү экен!.. 
Бактыгүл. Туура айтасың,ай!.. (Башын чайкап,ичинен элжирей) Укмуш экенсиң,ушу сен,укмуш экенсиң!
Таалайбек. Мен укмуш эмесмин — ошону ойлоп тапкан адам укмуш!.. (Башын чайкап) Түндүк… Түндүк… Карачы, ай!.. Карачы!..
Бактыгүл. (Ичи ого бетер элжиреп) Сен жөнөкөй киши болбойсуң, ай…
Таалайбек. (Капысынан Бактыгүлдү кучактап) Кандай киши болсом да… (Үнү дирилдеп) Мен сени сүйөм!.. (Кызды бетинен өптү) Дайыма сенин жаныңда жүрөм!..
Бактыгүл. (Жүзү албырып) Дайымабы?
Таалайбек. (Кызды дагы бетинен өөп) Дайыма!..
Бактыгүл. (Жүзү ого бетер албырып) Өмүр боюбу?
Таалайбек. Өмүр бою! 
(Экөө аябай бактылуу эле)

Экинчи бөлүм

Төртүнчү сахна

(Сүйүндүн биринчи түшү)
Сүйүн туманды аралап кайдадыр бир жакка кетип баратты. Аңгыча алдынан кичинекей бала көтөргөн аял чыкты. 
Аял. Сүйүн.
Сүйүн. Сиз мени кайдан тааныйсыз?
Аял. Сен энесиң. Мен да энемин. Энелер бири-бирин тааныбай коюшчу беле. Тааныдыңбы эми?
Сүйүн. (Бүшүркөп) Кое туруңуз… Кое туруңуз… Тааныдым! Сиз жөнүндө чоң энем ыраматылык көп жолу айткан. Сиз ошол аял турбайсызбы? Үркүндөгү.
Аял. Чоң энең мени жакшы билчү.
Сүйүн. Наристеңизди дагы эле жерге жашыра элексизби?
Аял. Кантип жерге жашырам? Балам тирүү да!
Сүйүн. (Мукактана) Чоң энем солдаттардын огу тийди дегендей болду эле…
Аял. Ооба, биз Кытайга качып баратканда, ак падышанын солдаттары коктудан тосуп туруп, бизге ок жаадырышканда, балама ок жаңылганы чын. Бирок, баламды айыктырып албадымбы, кийин.
Сүйүн. Кийин дейсизби?
Аял. И-ии… Кытайга барганда. Күнү-түнү боздоп ыйлай бериптирмин. Ошондо кудайдын шыпаасы тийди окшойт, наристем айыгып кетпедиби. (Колундагы наристеге) Кана ыйлап койчу балам, ыйлап койчу.
Сүйүн. (Шашкалактап) Жок! Жок! Ыйлатпай эле коюңуз. Уктай берсин. (Бүшүркөп) А мен каякка келип калдым? Туманда адашып кетип, сизге жолуккан турбаймынбы, ээ? Туман өтө эле коюу болуп турат..
Аял. Жок, Сүйүн, сен адашпай эле, мен сени издеп келаткам.
Сүйүн. (Кооптуу) Эмнеге?
Аял. Боз үй көтөрүп атыптырсыңар.(Үшкүрүп) Мобул наристемди ошол боз үйүңөргө бир түнөтөйүн дедим эле. Чоң энең айтса керек, эл үрккөндө толгоом келип… Ымыркайымды ай-талаада төрөбөдүмбү.
Сүйүн. (Башын ийкегилеп) Ооба, айткан, качып баратканда төрөлгөн бала деп.
Аял. Ооба, качып баратып талаада төрөлдү. Андан кийин боз үй бетин көргөн жок да бул балам. Ашуу ашып, жол басып, Кытайга тентип кирип кетпедикпи. Аякта каяктан кыргыздын боз үйү болсун… Анан, силердин боз үй көтөрүп атканыңарды угуп, атайы издеп келаткам, уулумду бир түнөтүп алсамбы деп.
Сүйүн. Жүрүңүз анда. Тигине биздин боз үй.
Аял. (Чочуп кетти) Тигини айтып атасыңбы?!.
Сүйүн. Ошол биздин боз үй. Жүрүңүз.
Аял. (Үрөйү учуп) Мунуң боз үй эмес… мүрзө турбайбы!..
Сүйүн. (Жүрөгү түшүп) Мүрзө дейсизби?!.
Аял. (Үрөйү учуп) Мүрзөгө айланып калыптыр да!
Сүйүн. (Үрөйү учуп) Антип айтпаңыз!.. Ал боз үй!.. Биздин боз үй!..
Аял. (Кетенчиктеп) Жок!.. Жок!.. Жок!.. Сен мени мүрзөгө жетелеп баратыптырсың!.. Тигине, ичинде бир керилген жигит жатат!
Сүйүн. (Чыңырып ыйлап жиберди) Жо-ок!.. Жо-ок! 
Аял. Тааныдыңбы?
Сүйүн. (Оозуна сөз кирбей, жер муштагылап) Тааны-дым!.. Тааны-дым!.. Кантип тааныбай коеюн!..
(Туман улам коюланып, айлана бир паста көзгө сайса көрүнгүс болуп калды).

Бешинчи сахна

Он жылдын кийин. Сүйүндөрдүн үйүнүн короосу. Короонун чок ортосунда чала көтөрүлгөн боз үйдүн эки-үч керегесин Сүйүн көпкө чейин кунт кое айланта карап чыкты.
Бактыгүл. (Үйдүн ичинен чыгып) Бир нерсе жоготтуңузбу, апа?
Сүйүн. (Башын чайкап) Жок… жөн эле карап атам, балам.
Бактыгүл. (Аяр) Апа… сизге эмне болду? Кабагыңыз бүркөө?
Сүйүн. Бүркөө деле эмес, балам. Жакшы эле… (Үшкүрүп алды).
Бактыгүл. Эмне мынча үшкүрөсүз, апа?
Сүйүн. Көзүм илинип кетиптир. Түш көрдүм…
Бактыгүл. (Кабатырлана) Жаман түшпү?
Сүйүн. Бала-чагымда чоң энем көп айтып калчу эле. Үркүндө бир келин качып баратып көз жарып, анан ымыркайына солдаттардын огу жаңылган экен. Курган келин ымыркайынын өлгөнүнө ишенбей Кытайга чейин наристесин көтөрүп барыптыр. 
Бактыгүл. Акыл-эсинен ажырап калган го?
Сүйүн. Эне да, балам. (Кичине тынымдан соң) Ошол келин кирип атыптыр түшүмө. Жолугуп атыпмын… (Ары жагын айткысы келбей) Ошол…
Бактыгүл. (Жубаткысы келип) Түш жоруганга жараша болот дешет турбайбы.
Сүйүн. (Кабатырланганы жасылбай) Ошондой деп айтышат… (Кичине тынымдан соң) Кой, балам, кыбырай берели. 
(Экөө боз үй менен алп уруша башташты).
Бактыгүл. (Тынчсыздана короонун оозун карап) Таалай эмне кечикти? Бат эле келмек эмес беле? Же жер ошончолук эле алыспы?
Сүйүн. Унаа чыкпай аткан го, түндүктү алып келгенге…
Бактыгүл. (Кабатыр боло) Эрте эле кетти эле…
Сүйүн. Келип калаар… Ал келгиче керегелерин тургузуп, жип-шууларын тагып, кам көрө берели. 
Бактыгүл. (Жылмайып) Таалайбек армияда жүргөндө мага кат жазып атпайбы. “Түшүмө апапакай шаңкайган боз үй кирип атыптыр” деп.
Сүйүн. Боз үй дейсиңби?
Бактыгүл. Ооба. Таалай “Менин боз үйүм качан бүтөт, армиядан баргыча бүтүп калса” деп аябай көп ойлонсо керек. Ошон үчүн түшүнө кирди го, боз үй. Адам эмнени көп ойлосо, ошо кирет турбайбы түшүнө.
Сүйүн. Анысы бар. 
(Кичине тыным).
Бактыгүл. Аябай көп жыл болду ээ, апа, ушул боз үйдү жасап атканыңарга?
Сүйүн. Ии-и, 11-12 жыл болуп кетти го. (Улутунуп) Заман моминтип туруп албадыбы, бир жагына тартсаң – бир жагына жетпей. Жакшы заман болгондо эчак эле көтөрүп бермекпиз да, бул боз үйдү. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет экен. (Пауза) Адам кыялында эртең эле айга жете калам деп талпынат турбайбы. Баарын сүткөл-майкөлгө айлантып ийем деп ойлойт турбайбы. (Кейиштүү жылмайып) Кана анан, ошол кыялдын ишке ашканы. Куру кыял курсак тойгузбайт экен. (Кичине тыным) Эрбеңдеп эле атабыз, эрбеңдеп эле атабыз, эмне үчүн эл катары жашай албайбыз, билбейм…
Бактыгүл. Кимди айтып атасыз, апа, биздиби?
Сүйүн. (Кейиштүү) Кимди айтмак элем… Ушул эле өзүбүздүн элди айтам да. Элдин ичинде бизди айтам да… 
(Ошол учурда 14-15 жаштардагы Бегайым-Сүйүндүн кичүү кызы мектептен келип калды.)
Сүйүн. Сабагың бүттүбү?
Бегайым. Ооба.
Сүйүн. Тамак ичип ал.
Бегайым. Силерге жардам бере турайынчы.
Сүйүн. Мейлиң…
(Бегайым тигилерге жардамдаша баштады).
Бактыгүл. Биздин Азимбек президентти түшүрөм деп атыптыр го?
Бегайым. Үзөңгү-Куушту Кытайларга сатып ийсе, түшүрүш керек да, андай президентти.
Сүйүн. (Токтоо) Сатып ийгенин сен каяктан билесиң?
Бегайым. (Мойноп) Сатып эле ийген. Билем. Элдин баары эле ошентип айтып атышат. Биздин мугалимибиз да айтты.
Сүйүн. Эмне деп?
Бегайым. “Президент Үзөңгү-Куушту Кытайларга берип таштаган үчүн Азимбек Бекназаров ага импичмент жарыялайм деп атат” деп.
Сүйүн. Импи… импи… (айта албай койду). Эмне дедиң?
Бегайым. Импичмент.
Сүйүн. Ал эмне экен, катыгүн?
Бегайым. Импичмент жарыяласа-президент отставкага кетет экен.
Сүйүн. (Ишеңкиребей) Ошентип койсо эле, кетип калат бекен президент?
Бегайым. (Кызууланып) Кетет да, эмне үчүн кетпейт экен, Кытайга сатып атса жерибизди!
Сүйүн. Ал жер илгери эле талаш болчу деп атпайбы?
Бегайым. (Ого бетер кызууланып) Талаш эмес эле, кыргыздын эле жери болчу!
Сүйүн. Аны сен каяктан билесиң?
Бегайым. (Дагы эле кызууланып) Мен билем… Эл ошентип айтып атат.
Бактыгүл. (Бегайымга болуша) Эл бүт эле ошентип айтып атат, апа.
Сүйүн. (Бактыгүлгө) Эл деле сен экөөбүз билгенди эле билет да, балам, ашык-кеми жок.
Бегайым. (Кызалаңдап) Эл баарын билет!.. Президент сатып ийген, Үзөңгү-Куушту! Үзөңгү – Кууш кыргыздын жери болчу! Мындай президентти жоготуш керек!
Сүйүн. (Бегайымга таң кала карады) Сен эмне, ооруп турасыңбы, кызым?
Бегайым. (Тултуңдап) Оорубай эле турам!.. Эл айтканды эле айтып койсо…
Сүйүн. Сен азыр баласың. Көп нерсени түшүнбөйсүң. Түшүнбөгөн нерсеңди айтпай жүр.
Бегайым. (Ого бетер таарына тултуңдап) Айтса болбойбу?!.
Сүйүн. Өзүң билген нерсени айт. Билбегениңе кийлигишпе.
Бегайым. (Таарынган калыбында) Ушинтип эле тыя бересиз, кишини, дайыма! (Үйгө кирип кетти).
Батыгүл. (Бир аз тынымдан кийин) Чын эле президентти кетире алышат болду бекен?
Сүйүн. (Ойлуу) Ай, ким билет…
Бактыгүл. Кетире алышпайбы?..
Сүйүн. Ким эле ээлеген оордунан кет десе эле, макул деп кетип калсын.
Бактыгүл. Анан эмне болот?
Сүйүн. Эмне болсо да, эл ичи тынч болсо экен.
(Тыным).
Бактыгүл. Апа,Азимбекти чын эле камашабы?
Сүйүн. Камай коюшпас… (Ойлонуп калды) Бирок… Ким билет, ишенич жок.
Бактыгүл. “Депутатыңарды каматабыз” деп атыптыр” дешип, элдин баары дүрбөп атышат ко?
Сүйүн. Жел болбосо чөптүн башы бекер кыймылдамак беле. Ошондой жаман ойлору болсо керек.
Бактыгүл. Жанагинтип, киши өлтүргөн баланы актап,пара алганы чын болду бекен,кандай дейсиз?
Сүйүн. Жалаа да… Мындай карасаң, Азимбек андайга бара турган жигиттей көрүнбөйт. 
Бактыгүл. Президентти кет деп айтты деп, ошого өчөшүп, каралап атышат ко, ээ, анда?
Сүйүн. Өчөшпөй койчу беле. А-бу деп айтканы менен президент болобу, башка болобу, баары эле пендечиликке жеңдирет турбайбы.
(Тыным).
Капырай,ушул айтып койгон бир сөзү үчүн камап олтурса… Же бир киши өлтүрүп-кылмыш жасабаса… Ушу сөз үчүн да ушинтеби, ыя?!. 
Бактыгүл. “Бекназаров туура эмес айтып, элди козутуп атат” деп атышкан турбайбы.
Сүйүн. Ар ким өзүнүн оюнда туура көргөнүн айтат да. Ошого акылуу да. Мейли, Азимбек дегеле таптаакыр туура эмес айтсын,туура эмес сүйлөсүн. Анан ошол сөз үчүн да “тигинтип айтып койду, деп койду” деп камачу беле?!. Сөз үчүн камайт деген эмне шумдук?!. Эмне жорук?!. Илгеркилер айтышчу эле “баш кесмек бар,тил кесмек жок” деп.
Бактыгүл. Ошону айтсаңыз!.. “Эркиндикке жетиштик” деп коюшат да, оюн эркин айткан кишини каматабыз дешет! Ушу да эркиндик болобу?!.
(Тыным).
Сүйүн. Жүрөгү тоодой болсо керек, ушул баланын.
Бактыгүл. Кимди айтасыз?
Сүйүн. Азимбекти айтам да.
Бактыгүл. Илгерки заман болсо Бекназаров баатыр болмок окшойт, ээ, апа?
Сүйүн. (Башын чайкап) Ушу ”баатыр” деген сөздү уксам эле уялып кетем.
Бактыгүл. Эмнеге, апа?
Сүйүн. “Байкуш элдин баатыры көп” дейт. Анын сыңарындай кыргыздын кокту-колотунун баарында эле бирден “баатыр”.
Бактыгүл. Анын эмнеси жаман, апа?
Сүйүн. (Мыйыгынан) Эмнеси жаман… Ошол “баатырлардын” көбү кыргыздын эле жылкысын тийип, кыргыздын эле башын жара чапкандар да! Анан ошолорду даңазалашып “баатыр” кылып коюшса, биякта туруп киши уялат.
Бактыгүл. (Мойноп) Коюңузчу, апа…
Сүйүн. Кыргыздын бир уруусунун жылкысын экинчи уруу түнкүсүн уюшуп келип тие каччу да, илгери. Ошол жылкы чапкан жигиттерди баштап келгендерди баатыр деп коюшчу.
Бактыгүл. (Ишеңкиребей) Аны каяктан билесиз, апа?
Сүйүн. Каяктан билейин… Аны билүүгө анчалык деле чоң акылдын кереги жок, балам. Кыргыздын жазуучуларынын илгерки заман жөнүндөгү бирин-экин китебин окусаң эле, баары түшүнүктүү болуп турат. Санжыра айткандарды да угуп олтурсаң эле, билип аласың ошондой экенин. Болбосо, ошол ар кайсы коктудан чыккан “баатырлардын” канчасы Кытайды барып каратып алды дейсиң. Кыргыздын эле бир уруусунун жылкысын тие качканына корстон болушкан да. Мындайды каракчылык, же уурулук десе туура болмок. 
Бактыгүл. Апа, тим эле аябай сындадыңыз го,кыргыздын баатырларын. Жазуучулар тигинтип мактап жазып атышса…
Сүйүн. (Кейиштүү) Азыр да Айбаалынын балдарындай болуп, кыргыздардын ыркы кетип, уруу-уруу болуп тымызын жаатташып, кармашып атканы, ошол колоттон чыккан “баатырчылыгынын” кесепети болсо керек деп ойлоп коем, өзүмчө, кээде туруп.
Бактыгүл. (Таң кала башын чайкап) Ай-и-ий, апа, сиздин ичиңизде көө-өп нерсе катылып жаткан турбайбы.
Сүйүн. “Ар бир адам ачылбаган сыр сандык” деген ошол да. Адамдын көбүнүн эле ичинде болот, баары. Кимдин ичинде эмне сыры бар-ким билип коюптур. Маданияттуу кийинип алып, маанилүү сөз сүйлөгөн адам эле акылдуу көрүнүп, көр оокат менен алышып, оюн ичине каткан адам, акылы тайкыдай туюлат тура, элге. Бирок, адамдын акылы айткан сөзүнөн эле эмес, кылган ишинен да көрүнөт. Сөз дегениң көп убакта алдамчы болот. Адамды сөзүнөн кана эмес, ишинен баалаш керек. Ошон үчүн бекер айтылган эмес да “бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз” деп. (Кичине тынымдан соң) “Апам катуу чечилди” деп таң калып атасың го? Кээде адам ушинтип ичине жыйылганын чыгарып алат, сыртка.
(Тыным).
Капырай, Таалайбек эмне кечигип атат? Деги тынччылыкпы?
Бактыгүл. (Кабатыр боло) Ошону айтпайсызбы…
Сүйүн. Карап койчу балам, сыртка чыгып, келаткан жокпу?
Бактыгүл. Азыр. (Шашып-бушуп сыртка чыга жөнөдү да, бир заматта кайра кирди) Келди, апа!.. Келди!..
(Аңгыча сырттан жонуна түндүк көтөргөн, маанайы пас Таалайбек кирип келди. Түндүктү боз үйдүн керегелеринин ортосуна көмкөрүп, бир аз эс алды).
Сүйүн. Унаа таппай аттыңбы, уулум?
Таалайбек. (Ою бир жерге топтолбой) Жок, апа…
Сүйүн. (Кооптуу) Кырсык болдубу?
Таалайбек. (Көңүлү чөгүңкү) Бекназаровду…
Бактыгүл. (Чочуп кетти ченебей) Ка…кам-аптырбы?!.
Таалайбек. (Ооз учунан) Ооба…
Бактыгүл. (Башын чайкап) И-и-ий!..
Сүйүн. (Башын чайкап) Ай,ай,ай… Жаман болуптур!..
Таалайбек. (Маанайы пас) Эл дүрбөп ”Кербенге барабыз, Жалалабадга барабыз, керек болсо Бишкекке барсак да Бекназаровду бошотуп алабыз” деп атышат.
(Тыным).
Бактыгүл. (Таалайбекке) Таалай, бүгүн түндүктү көтөрөбүзбү, же…
Таалайбек. Жок. Бүгүн эмес.
Бактыгүл. Эмнеге?
Таалайбек. Клубдун алдына эл чогулуп атат. Ошоякка барам. 
Сүйүн. (Жүрөкзада болуп) Азыр барасыңбы?
Таалайбек. Ооба, апа.
Сүйүн. (Эмне дээрин билбей) Тамак ичсең болмок, балам…
Таалайбек. Убакыт жок, апа.
Бактыгүл. (Шашкалактап) Жок дегенде айран ич!.. Мен, азыр!... (Үйгө кирип кетти).
Сүйүн. (Жүрөкзаада болгону тарабай) Элдин түрү кандай?
Таалайбек. Аябай кыжырданып атышат.
Сүйүн. (Жүрөкзаада болгону жасылбай) Деги өзүңө сак болчу, балам, не бар, не жок…
Таалайбек. Эч нерсе болбойт, апа. Барып “Бекназаровду бошоткула” дейбиз. 
(Үйдөн Бактыгүл чыкты,кесеге айран көтөрүп. Таалайбекке берди. Таалайбек эки ууртап кайра Бактыгүлгө сунду).
Бактыгүл. Ичпейсиңби?
Таалайбек. Жүрөгүмө тамак баспай атат. (Эшикти көздөй басмакчы болду).
Сүйүн. (Узата) Балам, абайла!.. Абайлагыла!..
Таалайбек. Кабатыр болбоңуз, апа. 
Сүйүн. (Узата) Түндүктү качан көтөрөбүз, балам?
Таалайбек. (Ийнин куушуруп) Билбейм, апа. (Чыгып кетти. Эки аял узата карап, томсоруп турушту. Ошол маалда Жаңыбай кирип келди).
Жаңыбай. (Боз үйдү тегерете карап) Дагы эле бүтө элексиңерби?
Сүйүн. Бүтө албай атабыз.
Жаңыбай. (Жактырбай) Ушунча убара болуп, кудайдын азабын тартып, түндүк көтөрүп эмне кыласыңар. 
Сүйүн. (Эмне дээрин билбей) Ак тилек да, аке. 
Жаңыбай. (Жактырбай) Мхи!.. (Бир аз тынымдан соң) Жыгач-ташын ким жасады?
Сүйүн. Сиздин тууганыңыз.
Жаңыбай. (Жактырбай) Абдыбы?
Сүйүн. Ооба. Ал киши кыйын уста турбайбы.
Жаңыбай. (Жактырбай) Кыйын уста… Андан да кыйын усталар бар, керек болсо. (Кичине тынымдан соң) Уулуң митингге кеттиби?
Сүйүн. (Кооптоно түштү) Клубдун алдына эл чогулуп атат деп ошоякка эле кетти, окшойт.
Жаңыбай. (Нааразы боло) Эл бузулду, заман бузулду. Эртеден-кечке ушинтип… жүрүшөт. Тартип жок, да. Советтер Союзу болгондо… 
Сүйүн. (Аяр) Азимбекти бошотуп алабыз деп атышат го.
Жаңыбай. (Жактырбай) Ким бошотот экен аны? Бошото алышпайт! Алар бошотобуз деп бара калышса эле, бошотуп бере койчу ким бар экен?
Сүйүн. (Аяр) Күнөөсү жок болсо бошотот да…
Жаңыбай. (Жактырбай) Кимдин күнөөсү жок экен? Азымбектинби? Күнөөсү жок болсо камалабы, ушинтип?
Бактыгүл. Үзөңгү-Куушту берип ийди деп, президентти отставкага кет деген үчүн камашты да аны, болбосо…
Жаңыбай. (Жактырбай) Жөн жүрбөйбү анан, президентке асылбай. Бийликке асылсаң ушинтип мертинтип коет, Бекназаров эмес машаяк болсо дагы! Бекназаровду герой кылып алышты тим эле.
Бактыгүл. Биз деген демократиянын заманында жашап атабыз да, ата. Ар кимдин өз укугу да, пикирин эркин билдириш. 
Жаңыбай. (Чычалап) Демократия деп эле ушинтип ар ким оюна келгенин оттой берсе болот турбайбы, ээ?!
Бактыгүл. (Териге түштү) Оюна келгенди ким “оттоп” атыптыр ата? Эркин заман деген ушундай болот да. Адамдар эркин сүйлөшөт, эркин жашашат…
Жаңыбай. (Кагып) Копурай, эркиндикке бүгүн эле жетише калгансып сүйлөйсүң да балам! Эркиндик деген эмне экенин жалгыз сен билгенден бетер! (Бир аз тынымдан соң) Муну эркиндик дебейт, муну ээнбаштык дейт! Илгери совет бийлигине эч ким кыңк эте алчу эмес! Моминтип оюна келгенин… эч ким сүйлөчү эмес. Тартип бар болчу. Эл партиядан – коммунисттерден коркчу. Сыйлачу. (Кызуулана) Азыр кимден коркот?! Кимди сыйлайт?! “Акаев кетсин! Президент кетсин!” деп олунуп олтурат, ар ким, өз билгенин. Ушубу силердин демократияңар?! Эркиндигиңер?! Ай, айланайын, президент деген эл башчысы! Мамлекеттин жетекчиси! Кол бала эмес! Бекназаровдун теңтушу эмес! Ал деген президент! 
Бактыгүл. (Мойноп) Президент деле биздей эле адам…
Жаңыбай. (Кызалаңдап) Мына, так ушул үчүн заман бузулуп атат! Эл бузулуп атат! Башчыны сыйлабай!.. Башчыдан коркпой!.. Башчыны укпай!.. Мхи!.. Иштин бүткөнү ушу да! Бирдеме десе эле ”закон ушундай, закондуу укугубуз ушу” деп чыга калышат экен жажылдашып. Эмне, Советтер Союзунун учурунда закон болбоптурбу?! Ыя?! Керек болсо, эң мыкты закон ошондо болгон. Баарыбыз тең бир адамдай болуп партияга баш ийчүбүз! Партия эмне десе ошону аткарчубуз! Айт десе, кыйт деп турчубуз. Моминтип митинг уюштуруп, демонстрация өткөрүп, кызыл кекиртек болуп кыйкырып чыга калчу эмеспиз!
Бактыгүл. (Мойноп) Ошентип коендой болуп бүжүрөп жашаган да, элдин баары. 
Жаңыбай. (Ого бетер кызалаңдап) И-и, бүжүрөгөн! Эмне үчүн бүжүрөбөйт экен?! Бүжүрөш керек! Ошондо тартип болот! Ошондо эл оңолот! Бир кишини угуш керек, ар ким өзүнчө аңыраңдай бербей! 
Бактыгүл. (Мойноп) Азыр деген заман башка, ата. Эркин… 
Жаңыбай. (Ого бетер кызалаңдап) Көрүп атам, башка экенин. Унчукпай угуп калгандын ордуна, эртеден бери кабат-кабат каяша айтып атасың мага! (Нааразы боло) Жолуң болсун, сенин! (Кагынып-силкинип чыгып кетти)
Сүйүн. Бекер жаакташтың да балам, бул киши менен.
Бактыгүл. Өзүнөн-өзү эле опурулуп атпайбы, биз бул кишиге коркок-билишибиз бардан бетер.
Сүйүн. Эски актив да, балам. Эл башкарып, эл бийлеп көнүп калган да. 
(Сүйүн менен Бактыгүл чий чырмаганын улантып атышты)

Экинчи бөлүм

Алтынчы сахна

Сүйүндүн экинчи түшү
 Жолдо кетип бараткан Аялдын алдынан Сүйүн чыкты, элеңдеп. 
Аял. Сага эмне болду, өң — алеттен кетип алыпсың да?
Сүйүн. (Күйүккөнүн баса албай) Баламды жоготуп… издеп жүрөм…
Аял. Аа-аа… Ошол сенин балаң беле?
Сүйүн. (Чыдамы кете) Менин баламды көрдүңүзбү? Каякта жүрөт балам? 
Аял. Көрдүм балаңды. Ыйманы ысык жакшы бала экен.
Сүйүн. (Чыдамы ого бетер кетип) Каякта жүрөт менин балам?! Каякта?!
Аял. Кабатыр болбо. Менин балам менен кетти. 
Сүйүн. (Үрөйү учуп) Сиздин балаңыз мененби?!
Аял. Ооба.
Сүйүн. Сиздин балаңыз ымыркай бойдон да. А менин балам…
Аял. Жок, менин балам да чоңоюп калды. Эр-азамат болуп калды. 
Сүйүн. (Үрөйү ансайын учуп) Сиздин балаңыз ымыркай эмес беле?!
Аял. Чоңойду, эр жетти. Сенин уулуң өзү издеп келиптир уулумду.
Сүйүн. (Үрөйү ого бетер учуп) Менин уулумбу?!
Аял. Ии… сенин уулуң. Анан экөө ээрчишип алып кетишти.
Сүйүн. (Үрөйү ансайын учуп) Каякка, каякка кетишти?!
Аял. Каякка дейсиңби?
Сүйүн. (Чыдай албай жалооруй) Айтып коюңузчу, байболгур! Уулум кана?!
Аял. Уулуңбу? Тигине уулуң.
Сүйүн. (Аял көрсөткөн жакты карап, ченебей чочуп кетти) Ошолбу менин уулум?! (Жүрөгү сыздап) Ал менин уулум эмес!..
Аял. Сенин эле уулуң. Жакшылап кара. 
Сүйүн. (Аргасы түгөнө) Жо-ок, мен ишенбе-ейм!.. Кантип эле менин уулум болсу-ун!.. (Шолоктоп ыйлап ийди).
Аял. Тааныдыңбы?
Сүйүн. (Буркурап ыйлап атып) Тааныдым!.. Тааныдым!.. Ким ушинтти менин уулумду?!. Ким?!.
Аял. Ким болмок эле… Өзүбүздүкүлөр эле…
Сүйүн. (Көзүнүн жашы он талаа болуп) Өзүбүздүкүлөрбү?!. 
Аял. (Башын ийкеп) Ооба. 
Сүйүн. (Айласы куруп, жашын төгүп) Кантип эле?! Кантип эле?!
Аял. Ишенбей атасыңбы?
Сүйүн. (Өпкө-өпкөсүнө батпай) Кантип ишенем?! Кантип ишенем?!
Аял. Ишенбеске чараң жок. (Узай баштады).
Сүйүн. (Буркурап -боздоп) Уулум!.. Уулум!.. (Жер муштагылап) Менин уулум!.. Менин уулум!.. (Аял узап кетти. Сүйүндүн көзүнөн жаш токтобой, буркурап-боздоп ыйлап жер кучактап жатты).

Жетинчи сахна

Сүйүндүн короосу, баягы эле көрүнүш. Чала тургузулган керегелер. Көмкөрүлгөн түндүк. Сүйүн менен Бактыгүл адаттарынча боз үй менен алек болуп атышты. 
Сүйүн. Бүтүп эле калды, Таалай түндүктү көтөрүп берсе эле…
Бактыгүл. Апа, Азимбек бошомоюнча Таалайдын колу бошобойт го. Андан көрө кошуналардын бирөөнө эле көтөртө берсекчи?
Сүйүн. (Башын чайкап) Жок балам. Анткен болбойт. Ар ким өз түндүгүн өзү көтөрүш керек.
Бактыгүл. Апа, а мен деле көтөрүп берсемчи?
Сүйүн. Түндүктү аял киши көтөрбөйт.
Бактыгүл. Таакыр эле көтөрбөйбү? Эркек жок болсочу?
Сүйүн. Айла кеткенде, эркек-тана деп тестиер балдарга бакандын бир жагын карматып атып, түндүк көтөрүшчү тура, кыргыздар. Үйдүн тирөөчү, үйдүн арка-бели эркек дейт да, биздин эл.
Бактыгүл. Таалайбектин колу тийбесе… Оордуна ырымдап Өмүрбекке деле бакан кармата берсек болот турбайбы, анда, баласы да?
Сүйүн. (Чочуп кетти) Антип айтпай жүр, балам. Өмүрбектин атасы бар. 
Бактыгүл. (Күнөөлүүдөй) Кечирип коюңузчу апа, билбестиктен… (Бир аз тынымдан соң) Түндө кайра-кайра эшикке кирип-чыгып аттыңыз го?
Сүйүн. Сен да туюп аттыңбы, ошону?
Бактыгүл. Бир жериңиз оорудубу?
Сүйүн. Ооруган деле жок… Бир түш көрүп алып эле, санаам тынбай, Таалай келаткан жокпу деп эшикке чыгып жол карап атпадымбы.
Бактыгүл. Эмне түш, апа?
Сүйүн. (Үшкүрүп) Баягүнкү келин дагы кирип атыптыр түшүмө. 
Бактыгүл. Коюңузчу?
Сүйүн. Чын. (Кичине тынымдан соң) Деги баары эле жакшы болсо экен.
Бактыгүл. Жакшылыкка жоорусаңыз эле  — жакшы болот, апа. 
Сүйүн. Ансыз деле жакшылыкка жооруп койдум. 
(Тыным).
Бир топ күндөн бери эмчегим эле зыркырачу болду. Эмнеге экенин билбейм. Деги кудай сактаса экен. 
Бактыгүл. Сиз ушундайларга ишенесизби?
Сүйүн. Ишенем. Кантип ишенбей коеюн. Армияда жүргөндө бир жолу ооруп калды го? Ошондо эмчегим бир зыркырады…
(Сырттан Таалайбек менен Бегайым ээрчишип кирип келишти)
Сүйүн. (Кубанып кетти) Ырас болбодубу, келгениң балам.
(Бегайымга) Эрте бүттүбү сабагың?
Бегайым. Эжейибиз пикетке чыгам деп кетиптир, сабак болбой калды.
Сүйүн. (Бегайымга) Бар эми үйгө кир. 
Бегайым. (Мойноп) Бир аз силерге жардамдаша турайынчы, апа. (Жардам бере баштады).
Сүйүн. (Таалайбекке) Тамак ичип алып түндүктү көтөрүп бере коесуңбу?
Таалайбек. Ошо… Түндүктү көтөрүп бере коеюн деп чуркап келе калбадымбы. Болгула, апа. Мен көтөрө салайын, силер жок дегенде он чакты уугун сайып алгыла. Кайра кетем. (Аял-буялга келбей баканды ала коюп түндүктү көтөрө салды.  
Сүйүн. Бактыгүл, Бегайым шашып-бушушуп уук сая башташты).
Бактыгүл. (Ара-чолодо) Эмне болуп атат?
Таалайбек. Эмне болсун… Азимбекти сабашыптыр!
Бактыгүл. И-ий… Түрмөдөнбү?
Таалайбек. Ооба.
Сүйүн. Ким экен, сабагандар?
Таалайбек. Айтпай атышат.
Сүйүн. Түрмөдө олтургандарбы?
Таалайбек. Жок. 
Бегайым. (Сөзгө аралашып) Президент сабатты да,жок нерсени мойнуна алсын деп.
Сүйүн. (Жактырбай) Сен шүк турчу,кызым.
(Бегайымдын шагы сына түштү).
Бактыгүл. Эми эмне болот?
Таалайбек. Тезинен бошотуп албасак, тымызын өлтүртүп коюшу мүмкүн деп атышат.
Бегайым.(Чыдай албай сөзгө аралашып) Бошотпосоңор, өлтүртүп коет, президент!
Сүйүн. (Ачуусу келип) Сен эмне болуп атасың, ыя?
Бегайым. (Таарына) Эмне болуп атыптырмын? Эл айтканды эле айтып атам.
Сүйүн. (Тыйып) Болду,аралашпа. Дайыма чоңдордун сөзүнө кийлигишесиң да турасың. 
Бегайым. (Күңкүлдөп) Ушинте берет, өзүнчө эле… Мен деле чоңойдум да…
Бактыгүл. Апа,кызыңыз туура эле сүйлөп атат. Элден укканын айтат да. Өзү оюнан чыгарып атат дейсизби.
(Тыным).
Сүйүн. Кантип бошотуп алган атасыңар?
Таалайбек. Кербенде мөөнөтсүз пикет уюштура турган болдук. 
Бегайым. (Нааразы болуп) Ушинтип элдин баарын дүрбөтпөй эле, Бекназаровду бошотуп койбойбу, жанагы президент!
Сүйүн. (Ачуулуу) Сен унчукпай калчы, ай кыз!
(Тыным).
Таалайбек. Бишкектен көрсөтмө келиптир деп атышат.
Сүйүн. (Кооптуу) Эмне деген көрсөтмө экен?
Таалайбек. Эмне кылсаңар да элди демонстрацияга чыгарбагыла деген.
Бактыгүл. (Нааразы болуп) Көрчү,ай буларды.
Таалайбек. Кокус чыгышса,элди сабап тараткыла дешкен го.
Бактыгүл. (Кыжыры келип) Бети жоктор десе!.. Ушинтишет!..
Сүйүн. (Жүрөкзада болуп) Ким бериптир, андай буйрукту?
Таалайбек. Ак үйдөн бериптир деп атышат.
Сүйүн. (Жүрөкзада болуп) Ак үйдөн болгондо, кимиси?
Бактыгүл. (Кыжырлуу) Президентпи?
Таалайбек. Билбейм… Президент бергенин, же анын кол алдындагылар бергенин эч ким так билбейт.
Бегайым. (Дагы сөзгө аралашып) Президент эле өзү берди да, башка ким болмок эле, анан.
Сүйүн. (Ачуусу аябай келип) Чын-бышыгын билбей туруп айтпай жүрчү, ай кыз.
Бегайым. (Дагы тултуңдап таарынып) Дайыма ушинтип болушасыз да, турасыз, ошол жалпаңдаган президентиңизге!
Сүйүн. (Ачуусу ого бетер келип) Антип айтпа!.. Ал эл башчысы!.. Хан болот!.. Минтип ээн ооз сүйлөбөй жүр, кызым!..
Бегайым. (Ого бетер кызалаңдап) Эмнеси хан экен,жалгыз катынын башкара албай атып!..
Сүйүн. (Ачуусу аябай келип) Антип айтпа, деп атам, мен сага!.. Сен эмне, алардын жанында чогуу жүрөсүңбү, ыя?!.
Бегайым. (Тултуңдап) Чогуу жүрбөсөм да, билем!.. Элдин баары эле ошоентип айтып атышпайбы!..
Сүйүн. (Жарылып) Эл айтса да,сен айтпа!.. Билбей туруп,бирөөөлөрдүн күнөөсүн көтөрбө!..
Бегайым. (Ого бетер таарынып) Ушинтип эле кишини сүйлөтпөйсүз, дайыма!.. Тыя эле бересиз!.. Тыя эле бересиз!..
Сүйүн. Сен азыр баласың!.. Кийлигишпе, биздин сөзүбүзгө!.. Бар, андан көрө, байкеңе тамак алып чыга кал. Көрүп атасыңбы, шашып атканын?
(Бегайым тултуңдуп үйгө кирип кетти).
Бактыгүл. (Сүйүнгө) Бегайымдын дайыма шагын сындырасыз, апа.
Сүйүн. Бала да азыр. Ушундайларга аралашпасын эмитен деп, сактап атпайымбы. Биздики эле жетишет. 
(Тыным).
Эл эмне дейт, анан, балам?
Таалайбек. Баары бир чыгабыз деп атышат. Сабап эле көрүшсүн дейт. 
Бактыгүл. (Нааразы боло) Элдин эмне жазыгы бар экен, сабап тараткыдай?!. Бекназаровду бошотуп бергиле дегенден башка эмне кылып атыптыр, эл?!. Элдин ырыскысына тоюп алып, чоңдордун көзүн май басып калган да, шүмшүктөр, десе!.. Дагы уялышпай “эркиндик,демократия” деп коюшат!.. Ушубу эркиндиги?!. Ушубу демократиясы?!. Эл өз талабы менен чыкса, аны сабап тараткан атышса!.. Же мен туура эмес айтып атамбы, апа?
Сүйүн. (Токтоо) Эми аны ким билсин балам, жанында чогуу жүрбөгөндөн кийин. “Желмогуздун чоңунан кичинеси кыйын” дейт. Анын сыңарындай, президент жалгыз эмес да. Анын да жан-жөкөрлөрү бар, тегерегинде.
Бактыгүл. (Таалайбекке) Апам президентке дайыма чаң жугузгузу келбейт. “Ыйманы ысык, маңдай жарык, адамга жамандыгы жок” дей берет.
Сүйүн. (Кейиштүү жылмайып) Мага ошондой туюлуп атса, эмне кылайын, эми…
(Ошлол убакта үйдөн Бегайым чыкты, бир колуна чөөгүн, бир колуна подноско тамак-аш көтөрүп).
Сүйүн. (Таалайбекке) Балам, сен тамагыңды иче бер. Ууктарын сайып алдык. Калганын акырын өзүбүз бүткөрө беребиз. 
Таалайбек. (Түндүктү карап) Ылайым, чамгарагыбыз түшпөсүн, ээ, апа?
Сүйүн. Тилегиңди берсин, балам. Ошондой тилек менен тигет да кыргыз, боз үйдү.
Таалайбек. (Кубанып) Ушул күндү аябай күттүк эле, ээ, апа?
Сүйүн. Канча жылдан бери зарыгып күттүк, балам.
Таалайбек. (Күлүп) Бүгүн эле Бактыгүл менен балдарды боз үйгө жаткырасызбы, апа?
Бактыгүл. Сенсиз жатмак белек, ээ, апа? Сен Азимбекти бошотуп кел,ошондон кийин жатабыз.
Сүйүн. Бактыгүл туура айтат. Сага арнап, сенин үй-бүлөөңө арналып жасалган боз үй да балам. Биринчи сен өзүң үй-бүлөөң менен түнөшүң керек, бул үйдө. Ырымы ошондой болот. 
Таалайбек. Анда мен келейин, апа. (Баканды түндүктөн алып,керегеге жөлөдү да, боз үйдөн чыкты.
Бегайым чөөгүндөн Таалайбектин колуна суу куюп берди. Колун, жүзүн жууп бүтүп, Таалайбек тамактанганы олтурду).
Таалайбек. Тамагыңар аябай таттуу болуп кеткен го, ыя, апа?
Сүйүн. Көптөн бери тийди-качты болуп үйгө келбей атсаң, балам, сагынып калсаң керек, үйдүн тамагын.
Таалайбек. (Тамак ичип атып Бегайымга) Таарындыңбы, апама?
Бегайым. (Таарынганы билинип турса да) Таарынган жокмун…
Таалайбек. (Жылмайып) Апам сени аяп атпайбы.
Бегайым. (Түшүнбөй) Аяп?.. Эмнеден?
Таалайбек. Аны кийин түшүнөсүң. Эне деген ошондой болот.
Сүйүн. (Күлүп,Бегайымга) Кел, эми, бизге жардамдаш, кызым, байкең өзү иче берет.
(Бегайым кыйыла басып келип, тигилерге жардам бере баштады).
Таалайбек. (Тамак ичип атып) Апа, эсиңиздеби, сиз жаңыдан ушул үйдүн чийин чырмай баштаганда, мен окуучу кезимде, сизден эркиндик жөнүндө сураганым, мугалим сочинение жаздырып?
Сүйүн. (Эстей албай) Качан сурадың эле, балам?
Таалайбек. Баягы ГКЧП чыккандачы.
Сүйүн. И-и… эстедим, эстедим.. Сураарын сурап алып, кайра өзүң айтып бербедиң беле, ”кандуу жекшемби” жөнүндө.
Таалайбек. Ошону айтып атам.
Бактыгүл. Мен да эстедим апа. Таалай ошондо сочинениеден “беш” алган. Мугалим аябай мактаган болчу, ээ, сени?
Таалайбек. Эсимде жок.
Бактыгүл. “Беш” алгансың, ”беш” алгансың…
Таалайбек. Балким…
Бегайым. Ал эмне болгон “кандуу жекшемби?”
Таалайбек. Орус падышасынын солдаттары куралсыз элди аткан күн болчу.
Бегайым. (Кыжыры келип) Солдаттын баары ошондой, мыкаачылар!..
Таалайбек. Баары эле эмес… Мен да солдат болгом…
Бегайым. (Ыңгайсыздана) А сиз атат белеңиз, элди? Президент “ат” десе?
Таалайбек. Жок!.. Элиме кол көтөргөндөн көрө өлүп калганым жакшы,эмеспи!..
(Тыным).
Сүйүн. (Кабатыр боло) Аны эмне сурадың, балам?
Таалайбек. “Кандуу жекшембиниби?”
Сүйүн. И-ии…
Таалайбек. Өзүм да билбейм… Эмнегедир эсиме түшүп кетти… (Тамак ичип бүтүп) Кой, мен жөнөйүн.
Сүйүн. (Убайымдана) Балам, жаныңа сак бол!..
Таалайбек. Кабатыр болбогула. Кошкула, апа!.. (Короодон чыга жөнөдү. Бактыгүл узатып,кошо чыкты).
Сүйүн. (Улутунуп) Бөөдө кырсыктан тышкаары кыла көр, Кудай…
(Кайрадан Сүйүн менен Бегайым боз үй тиге башташты. Бир аз тынымдан соң Бактыгүл энтеңдеп кайра кирди).
Бактыгүл. (Демин баса албай) Апа!.. Апа!.. Жаңыбай атанын баласы — Эркин эки-үч милиционер менен айылды кыдырып келатышыптыр!..
Сүйүн. (Кооптуу) Кудай сактай көр!..Таалайбекти көрүштүбү?
Бактыгүл. Жок. Таалай көчөгө чыгып эле Кербенге кетип бараткандар менен машинага түшүп кетти. Тигилер көрбөй калды.
(Аңгыча Сүйүндүн короосуна Эркин кирип келди,жанына сомодой-сомодой эки-үч жигитти ээрчитип).
Эркин. (Саламга келбей,корс) Уулуңар кайда?
Сүйүн. (Чочулай) Эмне болду, кагылайын, Эркин?
Эркин. (Корс) Айтпайсызбы, каякка кетти?
Сүйүн. (Жүрөкзаада болуп) Эл менен жүрөт.
Эркин. (Орой) Мхи!.. Эл менен!.. Бунтовать эткени кетти дебейсизби?!
Сүйүн. (Оозуна сөз кирбей) Иши кылып… эл менен кетти…
Азимбекти бошотуп алабыз деп…
Эркин. (Керсейе корсулдап) Азимбекти бошотчулар ушулар бекен?! Айтып койгула, уулуңарга, ушунчасында көчүгүн кысып калсын!
Болбосо, көргүлүктү көрүп калат!
Сүйүн. (Чебелектеп) Эмне кылды, катыгүн?!. Кылмыш кылган жок ко?!. 
Эркин. (Корсулдап) Кылмыш кылып атат!.. Кылмышкерди коргоп атат!..
Бактыгүл. (Жаны ачынып) Ким кылмышкер экен?
Эркин. (Орой) Ким деп коет!.. Азимбегиңер, силердин!.. Бекназаровуңар!..
Бактыгүл. (Теригип) Кылмышы кайсы, анын?
Эркин. (Керсейе) Адвокатсыңбы?!
Бактыгүл. (Ого бетер териге) Жөн эле сурап атам!..
Эркин. (Орой) Жөн эле сурабай жүр!.. Тилиңди тиштеп каласың!.. 
Бактыгүл. (Ызаланып) Азыр деген демократия!..
Эркин. (Жини ого бетер келип) Демократияны сен билесиңби?!.
Бактыгүл. (Ого бетер ызаланып) Ал биздин укугубуз!..
Эркин. (Жини ого бетер кайнап) Укукчулсуңбу?!.
Бактыгүл. (Тайманбай) Укукчулмун!.. Ал биздин депутат!.. Аны коргогонго укугубуз бар, биздин!..
Эркин. (Жини ого бетер келип,корсулдап) Укугуңду “таанып каласың”, эй, келин!..
Бактыгүл. (Тайманбай) Сиз, эмне, сотсузбу,”Бекназаров кылмышкер” дегидей?!. Адвокаты айтпадыбы, кылмышы жок деп.
Эркин. (Ызырына) Дагы эмне дейсиң?!
Бактыгүл. (Тайманбай) Аны деген сиз эмес, сот териштирет!
Эркин. (Ызырына,уруп жиберчүдөй болуп) Эй, катын!.. Жааагыңды бас, былжырабай!.. 
Сүйүн. (Чебелектеп) Эркин!.. Балам!.. Анчалык катуу кетпе!.. 
Эркин. (Орой) Тилин тыйып жүрсүн, анда, тибиребей!..
Бактыгүл. (Тайманбай) Тыйбасам эмне кыласыз?!. Камайсызбы?!..
Эркин. (Ызырынып) Мхи!.. Ушундай катындардыкы өттү да!..
Бактыгүл. (Ансайын тайманбай) Мазактабаңыз, мени!..
Эркин. (Жарылып кетчүдөй болуп, тап берип) Азыр, сени!..
Бактыгүл. (Ого бетер тайманбай) Эмне, урасызбы?!.. Уруп эле көрүңүзчү!..
Сүйүн. (Ортого түшө калды, өкүм) Бактыгүл!.. Болду!.. Болду деп атам, балам!.. Болду!.. Басылып кал!.. 
Эркин. (Кекене) Шишиңер толду,силердин!.. Шашпагыла!.. Силерди элеби!.. 
Сүйүн. (Жалбара) Эркин, кой балам, аял кишиге теңелчү эмес!..
Эркин. (Кекене) Көрөбүз!.. (Кетмекчи болду).
Сүйүн. (Жалынып-жалбара) Эркин, балам, бир элбиз, бир журтпуз… 
Эркин. (Орой,ызалуу) Элсиңерби, силер?!.. Силердей “элди!..” (Жанындагыларга) Кеттик! 
(Шарт чыгып кетишти).
Сүйүн. (Эркиндин артынан узата) Эркин, айланайын!.. Сен да менин баламсың!..
Бактыгүл. (Ызасы тарабай) Карасаң ай, буларды!.. Тим эле коркутуп-үркүтүп келишет!..
Сүйүн. (Сарсанаа боло) Булардын түрпөтү жаман… Кудай сактай көр!.. Кудай сактай көр!..

Сегизинчи сахна

Жол. Чайыттай ачык тийип турган күн бир заматта бүркөлүп,улуп-уңшуган бороон жүрө баштады. Капысынан бороонго аралаш аттардын кишенегени, адамдардын бака-шака түшкөнү угулду. Аңгыча алактаган, кызыл шапкесин колуна кармаган бир жаш эле милиционер жигит чуркап келди,артына кылчак-кылчак карап.
Милиционер. (Эмне кылаарын билбей күбүрөнүп) Келатышат!.. Келатышат!..
(Ошол маалда колунда мобильниги бар, кара костюм, кара шым кийген Эркин кирип келди милиционердин артынан).
Эркин. (Милиционерге) Эмне турасың, бул жерде?!. Тоспойсуңбу элди!
Милиционер. (Аптыгып) Жолдош подполковник!.. Элдин жаалы катуу!.. Каарына калсак каптап кетет, баарыбызды!..
Эркин. (Ызырынып) Каптап эле көрүшсүн!.. Канын суудай төгөбүз!..
Милиционер. (Чочуп кетти) Эркин Жаңыбаевич!.. Жөн эле сүйлөшпөйлүбү?!. Өзүбүздүн эле эл го?!..
Эркин. (Ызырынып) Ушулар элби?!. Булар эл эмес!.. Булар мээси жок акмактар!.. (Милиционерге) Жөнө!.. Турба, бул жерде!..
Милиционер. (Безилдеп) Жолдош подполковник!.. Булар жөн эле карапайым кишилер!.. Өзүбүздүн эле кишилер!.. Тирешпей эле, жөн эле сүйлөшсөк болот!.. Айта турган сөздөрүн жөн эле уксак болот!..
Эркин. (Ызырынып) Эй, гаңги баш!.. Эмне деп былжырап атасың, сен?!. Мен сага эмне деп атам?!. Жөнө!.. Жөнө деп атам!.. 
Милиционер. (Айласы кетип) Эркин Жаңыбаевич!.. Мен колумду көтөрө албайм… Элге!..
Эркин. (Жаны чыгып кетти) Эмне?!.
Милиционер. (Башын жерге салып) Колумду көтөрө албайм,элге!..
Эркин. (Милиционерди алка жакадан алды) Эй, акмак!.. Дагы айтып атам, ушулар сага элби?!. Булар эл эмес!.. Булар эсирген мал!.. Кырыш керек, мындай эсирген малды!.. Түшүндүңбү, сволуч?!.
Милиционер. (Жанталашып) Булар бизге эмне кылды… байке?!..
Эркин. (Ачуусуна туттугуп) Атаңдын башы кылды!.. Бизге, бийликке, баарыбызга каршы чыгып атат!.. Эртең баарыбыз нансыз калабыз!.. Түшүндүңбү, эй, акмак?!..
Милиционер. (Жанталашып) Анын эмнесинен коркобуз?!. Бир эл болгондон кийин, бир журт болгондон кийин, алардын деле айтканын уксак болот да?!. Байке!..
Эркин. (Жарылып кете жаздады, ызырынып) Немедленно жөнө деп атам, мен сени!.. Немедленно!..
Милиционер. (Башын чайкап) Жок!.. Мен анте албайм!.. Анте албайм!.. 
Эркин. (Милиционерди жыга түрттү) Буйрукту аткарбаганың үчүн түрмөдө чирийсиң, эй, сволуч!.. 
Милиционер, (Башын чайкап) Мейли!.. Мейли!.. Мейли, байке!..Ушундан көрө түрмөдө чирийин!.. 
Эркин. (Ызырына) Келе, куралыңды!..
(Милиционер кабы менен тапанчасын алып бере койду).
Эркин. Көзүмө көрүнбөй жогол!.. Бүттү, кызматтан айдалдың!.. Эртең түрмөгө олтургузам!.. (Милиционерди тээп-тээп жиберди. Милиционер жанталашып артына кетенчиктеп, алыстап кетти).
Эркин. (Тигини узата карап ызырына) Шашпа!.. Көзүңдү жалдыратып түрмөдө олтурасың!.. Ошондо көрөсүң, буйрукту аткарбаган кандай болоорун!.. (Ошол учурда мобильниги чырылдады) Алло!.. Угуп атам!.. Тосуп атабыз!.. Ооба, билебиз эмне кылышты!.. Баарына айтылган!.. Даярбыз!.. Кууп таратабыз!.. Аябайбыз!.. Атчан— жөөлүү болуп келатышат… Жарайт!.. (Сүйлөшүп бүтүп, артына кайрылды) Угуп атасыңарбы, эч кимди аямай жок!.. Сабап, тепкилеп таратабыз, азыр!.. Даярдангыла!.. Если что… откроем огонь на поражение!.. Жогору жактын буйругу ушундай!.. (Тапанчаны колуна карыштыра кармап, артын көздөй басты. Ошол учурда тиги жерге жаш жигит менен жаш келин чуркап киришти).
Келин. (Чебелектеп, жигитти артынан тартып) Баспа!.. Баспа, андан ары!..
Жигит. (Келинден бошонууга аракеттенип) Кое бер!..
Келин. (Туткактап) Жок!.. Жок!.. Көрдүңбү, тигилерди!.. Түрлөрү жаман!.. Аяшпайт булар, бизди!.. 
Жигит. (Моюн толгоп) Биз, эмне кылмыш кылып атыптырбыз?!. Оюбузду, талаптарыбызды билдирели деп эле келатабыз. Анын эмнеси жаман?!.
Келин. (Чебелектеп) Жаман эмес!.. Жаман эмес!.. Бирок, булар түшүнүшпөйт, аны!..
Жигит. (Жаны күйүп) Оюбузду, сөзүбүздү ачык айта албайбызбы?!. (Бет алдына) Эй, жигиттер!.. Биз жөн эле келатабыз. Эч кимге зыян кылбайбыз!.. Айта турган сөзүбүз бар чоңдорго. Айтаарыбыз эле ушул— Бекназаровдун күнөөсү кайсы,ошону түшүндүрүп беришсин. Болбосо ак жеринен аны камабагыла, бошоткула деген эле талап менен келатабыз. Талабыбызды аткарып беришсин. Бизге башка эч нерсенин кереги жок.
(Тигил тараптан эч кандай жооп болгон жок).
Келин. (Чочулап) Жүрүчү, кетип калалычы, бул жерден!..
Жигит. Эмнеге кетем?!. Эмне кылып атам мен?!. Талабыбызды угушсун,сөзүбүздү угушсун деп атам. Башка бир нерсе кылып атамбы?!. (Тиги тарапка) Жигиттер!.. Жолубузду торобогула!.. Биздин жаман оюбуз жок!.. Чоңдор менен эле сүйлөшөбүз. Угуп атасыңарбы? Азыр эл чогулат, биякка.
(Жымжырт. Жооп болгон жок).
Келин. (Безилдеп) Булар бизди угушпайт!.. Булар биз менен сүйлөшүшпөйт!.. Тигиндей кетип калалычы!..
Жигит. Кетпейм, эч жакка!..
Келин. (Безилдеп) Коркуп атам!..
Жигит. Коркпо. (Тиги тарапка) Эй, жигиттер!.. 
(Дагы эле жооп болгон жок. Ошол учурда аттардын дүбүртү, адамдардын бака-шака болгон үндөрү жакындап кирип келди. Келин менен жигиттин жанына алар курактуу үч-төрт жигит шашыла келип калышты. Арасында Таалайбек).
Таалайбек. (Жигит менен келинге) Эмне туруп калдыңар?
Жигит. Тосуп турушпайбы. Булар өткөрүшпөйт ко бизди.
Таалайбек. Эмне үчүн өткөрүшпөйт экен? Азыр айтабыз, барып. Өткөргүлө, жолубузду тоспогула дейбиз. (Алдыны көздөй басты). Эй,жгиттер, биз тынч эле келаткан элбиз. Бизди кое бергиле. Тынч эле демонстрация өткөрөбүз. Жигиттер…
(Жигиттер алдыга жүткүнүшкөндө капысынан “тарс!..” этип ок атылып, алдыда кетип бараткан Таалайбек бир паста жер кучактап жыгылды. Жигиттер эмне болуп кеткенин түшүнүшпөй элейип туруп калышты).
Келин. (Чыңырып Таалайбектин үстүнө түшө калды) Таалай!.. Таалай!.. Өлтүрдү!.. Өлтүрдү!..
(Жигиттер ошондо кана эсине келишти. Алапайларын таппай туш-тушка чуркашты. Ошол учурда ок чыккан жерге эл да келип калган.)
Жигит. (Көзүнөн жаш кетип,кыйкырып) Таалайды атып ташташты!.. Таалайды атып ташташты!..
(Элди аралап “Таалайды атып ташташты!.. Таалайды атып ташташты!” деген суук сөз бир паста ооздон-оозго өтүп кетти. “Качкыла!.. Качкыла!.. Жок!.. Жок!.. Качпагыла!.. Качпагыла!..” деген сөздөр туш-туштан жаап атты. Аңгыча мылтык үнү тарсылдап, бир-инен сала бири атыла баштады. Алдыга келген жигиттерге ок жаңылып, сулай-сулай жыгылышты. Ызы-чуудан кулак тунуп, бороон күчөп, күндүн бети карарып, эл тополоң түшүп атты).

Тогузунчу сахна

Сүйүндөрдүн короосу. Боз үй чала тигилип турат. Бактыгүл боз үй менен алек болуп аткан. Аңгыча үйдөн Сүйүн чыга калды. 
Бактыгүл. (Кабатыр болуп) Сизге эмне болду, апа? Өңүңүз бузулуп турат?
Сүйүн. Билбейм. Капысынан эле өзүнөн-өзү жүрөгүм булкуп-булкуп алып, аябай акылдап атат. Санаам санга бөлүнүп, заманам куурулуп атат. 
Бактыгүл. (Жайгарууга аракет кылып) Жаман-жуман нерселерди көп ойлоп атасыз го,апа?
Сүйүн. (Башын чайкап) Билбейм, балам, билбейм… (Жаны жай албай) Аябай шойкомдуу күн болуп турат бүгүн.
Бактыгүл. (Кабатыр боло) Антип айтпаңызчы, апа!..
Сүйүн. (Боз үйдү бир карап алып, көздөрү коркконунан бакырая түштү) Э, балам, боз үйдүн бир капталына эмне болгон?!..
Бактыгүл. (Чочуп кетти) Эмне болуптур, апа?!..
Сүйүн. (Ого бетер коркуп) Оң капталын карачы, балам!.. 
Бактыгүл. (Үрөйү учуп) Эмне деп атасыз, апа?!.
Сүйүн. (Жүрөгү түшүп) Бир капталы!.. Бир капталы эңшерилип калыптыр!..
Бактыгүл. (Үрөйү ого бетер учуп) Апа-а!.. Эмнени айтып атасыз?!.
Сүйүн. (Ого бетер үрөйү учуп) Керегелерин карачы!..
Бактыгүл. (Жүрөгү түшүп) Керегелери эмне болуптур, апа?!.
Сүйүн. (Демин баса албай) Керегелери!.. Керегелери кыйрап калыптыр, го?!.
Бактыгүл. (Үрөйү ансайын учуп) Кыйрап дейсизби?!..
Сүйүн. (Бат-баттан энтиге дем алып) Ооба, балам, кыйрап калыптыр!..
Бактыгүл. (Айласы кетип) Эмне деп атасыз, апа?!. Эмне деп атасыз?!.
Сүйүн. (Ого бетер демигип) Карачы, балам, карачы!..
Бактыгүл. (Муун-жүүнү калчылдап) Апа-аа!..
Сүйүн. (Көзүнөн жаш кете баштады) Кыйрап калыптыр, балам!.. Кыйрап калыптыр!..
Бактыгүл. (Кошо ыйлап) Апа-а!.. Сизге эмне болуп атат?!.. 
Сүйүн. (Көзүнүн жашы токтобой) Ушунча жыл курган боз үйүбүз эмес беле, катыгүн!..
Бактыгүл. (Муун-жүүнү ого бетер титиреп) А-а-апа-аа?!.
Сүйүн. (Көзүнүн жашы токтобой) Арнап жасаган боз үй эмес беле, катыгүн!..
Бактыгүл. (Титирегини басылбай) Эсиңизге келиңизчи, апа!..
Сүйүн. (Көзүнүн жашы буурчактап) Муну ким кыйратты, ким?!..
Бактыгүл. (Калдастап) Ме-ме-мен.. азыр!.. Мен азыр, апа!.. (үйгө кирип кетти).
Сүйүн. (Боз үйгө жакын барып,ого бетер чочуду) Ой!.. Ой!.. Үзүгү!.. Үзүгү үзүлүптүр!.. Туурдугу!.. Туурдугунун бир капталы!.. Карарып калыпты-ыр!.. Бул эмнеси?!. Бул эмнеси?!. Катыгү-үн!.. (Эки жагын элеңдей карап) Каран түн!.. Каран түн түшүп келатат!.. 
(Аңгыча Бактыгүл үйдөн чөмүчкө суу көтөрүп чыга калды).
Бактыгүл. Апа!.. Апа!.. Момуну ичиңизчи!.. Ичиңизчи, момуну!..
Сүйүн. (Башын чайкап, көзүнөн жаш чууруп) Боз үйүбүз!.. Боз үйүбүз болбой калыптыр, балам!..
Бактыгүл. Ичиңизчи!.. Ичиңизчи, апа!.. Муздак суу!..
Сүйүн. (Сууну аптыга-аптыга ууртады да,селейип туруп калды. Оор үшкүрүп) Өх!!! (Нес болгон немече ордуна жүйүртө басып олтурду да, анан Бактыгүлдүн колундагы чөмүчтү алып, жүзүн чайыды суу менен).
Бактыгүл. Апа…
Сүйүн. Унчукпа балам,унчукпа…
(Узакка чейин телмирип олтуруп калды).
Бактыгүл. (Акырын) Апа…
Сүйүн. (Ээрдин билинээр-билинбес кыбыратып) И-и, балам, эмне дейсиң?
Бактыгүл. Жүрөгүмдү түшүрүп койдуңуз. Сизге эмне болду, апа?
Сүйүн. (Башын билээр-билинбес чайкап) Билбейм балам… Көңүлүм уйгу-туйгу болуп эле… Санаам бир жерге токтобой… Жүрөгүм алып учуп…
Бактыгүл. “Боз үй кыйрап калыптыр” дедиңиз го?
Сүйүн. Ошенттимби?.. (Боз үйгө кунт кое тигилип) Азыр деле бир капталы оңурайып турат, балам…
Бактыгүл. Апа?!.
Сүйүн. Коркпо, балам.
Бактыгүл. Анан эмне деп атасыз?!.
Сүйүн. (Томсоро) Жөн эле менин көзүмө ошондой көрүнүп атса керек… (Бир аздан соң) Бүгүн кайсы күн?
Бактыгүл. Жекшемби, 17-март.
Сүйүн. (Чочуп) Жекшембиби?!.. 
Бактыгүл. Эмне болду, апа?
Сүйүн. Эч нерсе… (Чочуп кетти) Капырай, бул эмнеси?!..
Бактыгүл. (Жүрөкзада болуп) Эмне болду, апа?!.
Сүйүн. Кулагым чурулдап атат!.. (Бир аздан соң) Таалайлар эмне болуп атты болду экен?
Бактыгүл. Эмнесин айтасыз, апа?
Сүйүн. Санаам эле тынбай атат. 
Бактыгүл. (Жүрөксүнө) Апа?..
Сүйүн. Коркпо дебедимби, балам, коркпо.
(Аңгыча сырттан Бегайым чуркап кирип келди).
Бегайым. (Апасына бой таштап) Апа!.. Силер уктуңарбы?!.
Сүйүн. (Үрөйү учуп) Эмнени?!.
Бегайым. (Сүйлөй албай) Тиги!.. Тиги!..
Сүнүн. (Үрөйү уча) Сүйлөчү, кызым!.. Сүйлөчү!.. 
Бактыгүл. (Заманасы куурулуп) Айтчы, батыраак!.. Бегайым, айтчы!..
Бегайым. Тиги!.. Тиги!..
Бактыгүл. (Заманасы ого бетер куурулуп) Бегайым деп атам!.. Бегайым!..
Бегайым. (Үнү титиреп) Атышыптыр!.. 
Бактыгүл. (Жүрөгү оозуна тыгылып) Атышыптыр?!.
Бегайым. Ооба!.. Атышыптыр!.. (Буркурап ыйлап ийди).
Сүйүн. (Өзөгү өрттөнүп) Эмне деп атасың, балам?!. Кимди атышыптыр?!. Эмне болуптур?!.
Бегайым. (Өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоп) Биздин кишилерди!..
Бактыгүл. (Оозуна сөз кирбей титиреп) Ким?!. Ким атыптыр?!. 
Бегайым. (Өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктогон боюнча) Биздин… Биздин кишилер!..
Сүйүн. (Нес болгон немече) Биздикилер-биздикилерди атышыптырбы?!.
Бегайым. (Ого бетер жашына муунуп) Ооба!.. Ооба, апа!.. Эркин байкелер биздикилерди атышыптыр!..
Сүйүн. (Ого бетер нес боло) Эркинби?!.
Бегайым. (Жашын тыя албай) Ооба!.. Эркин байкелер!..
Сүйүн. (Сыздап-боздоп ийди) Катыгүн, ай, катыгүн!..
Бегайым. (Жашын тыя албай) Кыргыздар-кыргыздарды атыптыр!..
Бактыгүл. (Көзүнө жаш толуп) Ушундай болоорун билгем!.. Билге-ем!.. 
Сүйүн. (Дендароо болуп) Кантип эле?!. Кантип эле,ушундай болсун?!.
Бактыгүл. (Шашкалактай) Мен кеттим!.. Мен кеттим, апа!.. 
Сүйүн. Каякка?!. Каякка, балам?!.
Бактыгүл. (Заманасы куурулуп) Таалайды билейин, апа!.. Таалайды билейин!.. (Чуркаган бойдон чыгып кетти). 
Бегайым. (Өпкө-өпкөсүнө батпай) Эмне үчүн кыргыздар кыргыздарды атышты, апа?!.
(Сүйүн жооп таба алган жок. Тунжурап туруп калды, өксөп аткан Бегайымды кучактап. Бир аздан кийин үрөйү учкан Бактыгүл кайра кирип келди).
Сүйүн. (Үрөйү уча) Эмне болду, балам?!.
Бактыгүл. (Оозуна сөз кирбей) Толгон эл!.. Толгон эл!..
Биздикине!.. Биздикине келатышат, апа!.. Көтөрүп келатышат, апа!.. 
Сүйүн. (Боздоп жиберди) Шорубуз каткан го, катыгүн!..
Бегайым. (Чыңырып) Апа-а-а-а!.. Эмне деп атасыз, апа-а-а?!.
Сүйүн. (Боздогон бойдон) Каран түн башыбызга түшкөн го, балам!..
Бактыгүл. (Мууну титиреп) Апа-а!.. Ушу күндү көрмөк белек, апа-а?!. Ушу күндү көрмөк белек?!.
Сүйүн. (Боздогон бойдон) Түндүгүбүз түшкөн турбайбы, катыгү-үн!.. Түндүгүбүз!.. (Боз үйүдүн керегсин кучактап) Э-э, катыгүн, ушул боз үйгө өзүң кирбей, эми сөөгүң киреби, сенин, балам?!. (Сыздап-боздоп ыйлап атты)
  Кагылайын каралдым,
  Каран түн башка түштүбү?!.
  Капыстан окко жаңылып,
  Каректен нуруң өчтүбү?!.
  Таалайлуу болсун уулум деп,
  Таалайлуу болсун элим деп,
  Таалайбек койгом атыңды,
  Таалайга тунсун жерим деп,
  Таалайым өзүң окко учуп,
  Таалайсыз энең ыйлады.
  Таалайынын айрылып,
  Тилегим минтип кыйрады!
  Эркиндикте элим деп,
  Эреркеп койгом атыңды.
  Эми,эңгиреп турат энекең,
  Эчкирип жөлөп башыңды!
  Азаттыкта элим деп,
  Атайын койгом атыңды.
  Арманда минтип олтурам,
  Ак кепиндеп башыңды!
  Айланайын каралдым,
  Арман күн башка түштүбү?!
  Бейкүнөө окко жаңылып,
  Бетиңден нуруң өчтүбү?!.
  Артыңда калды балдарың,
  Алардын күнү не болот?!.
  Мөлтүрөп турган жубайың,
  Мөгдөдү күнү не болот?!.
  Энекелеп жаркылдап,
  Эркелеп турчу уулум жок!
  Эзилип жүрөк,боздодум,
  Эми,менин күнүм не болот?!.
(Ошол учурда сырттан ыйлап келатышкан аял-эркектердин үнү улам жакындап келатты. Үчөө боз үйүдүн керегесин кучакташып боздоп олтурушту).

Эпилог

Жол. Бир карыя келатты,таяк таянып. Каптал жолдон Таалайбекке куюп койгондой окшош бир өспүрүм чыкты.
Өспүрүм. Салоом алейкум, ата…
Карыя. Алеки… Э, балам, тээтиги эл каякка баратат?
Өспүрүм. Бирөө каза болуп, ошону койгону баратышат.
Карыя. (Кейип) Ка-ап, кечиккен экенмин ээ. Мен кыбырап жеткиче коюп коюшат го. Топурак салайын дебедим беле.
Өспүрүм. Сиз ал кишинин эмнеси болосуз?
Карыя. Киши дейсиңби, балам?
Өспүрүм. Ии…
Карыя. Мен жанагы… тиги, атылган балдардын бирине топурак салганы келаткам. 
Өспүрүм. Бул киши ал эмес. Бул эски коммунист – Жаңыбай деген киши. 
Карыя. (Чочуп) Жаңыбайбы?! 
Өспүрүм. Ооба. Сиз билчү белеңиз?
Карыя. Билбей анан… Жаңыбайды билбеген киши бар дейсиңби. Кыйын коммунист болчу. Оору беле?
Өспүрүм. Ошондой го…
Карыя. Качан каза болду?
Өспүрүм. Боспиекте биздикилерди аткан кезде каза болуптур деп атышат го…
Карыя. (Ойлоно түштү) Ии-ии де… Баласы бар эле, Эркин деген…
Өспүрүм. (Кыжаалаттана) Кызматынан чоңоюп кетти деп атышат ко.
Карыя. Коммунисттин тукуму да, атасынын тарбиясын алган. Атасын жаспай тарткан турбайбы,анда,кайран бала. (Кичине тыным) Кой, балам. Мен тура бербей, жөнөйүн. Балким, топурак салганга жетишип калаармын. 
Өспүрүм. Жаңыбай атагабы?
Карыя. Берки балага…
Өспүрүм. Таалайбек байкегеби? (Көзү жашылдана түштү).
Карыя. (Үшкүрүп) Ошол жигитке…
Өспүрүм. (Үнү каргылданып) Жүрүңүз, анда, мен да ошоякка бараткам. Таалайбек байкеге топурак салганы…
Карыя. (Каңырыгы түтөп, өзүнчө) Кайран кыргыздын эр-азаматтары, эркиндик үчүн жаныңарды бердиңер, ээ!..
(Экөө жол менен узап кетишти).

Бүттү.

19.09 — 27.10.2006.

 

© Кулмамбетов Ж.О., 2006. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2576