Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Жаныш Кулмамбетов, 1990. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30-октябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Умай эненин кызы

(Жан таттуу)

Эки бөлүмдүү феерия

Бул жомоктуу окуяда табияттын сулуулугу, наристенин баёолугу, улуттук насыл-нарктын ыйыктыгы тууралу кеп жүрөт. Эки бөлүмдүү феерия жаратылышка аёолук мамиле кылууга чакырат.

 

Катышуучулар:
Кыял.
Умай эне.
Толкун.
Акотчу Акмат.
Ургаачы аккуу.
Эркек аккуу.
Мас киши.
Сагызган.
Козу.

Бул окуя Кыял аттуу кыздын кыял дүйнөсү менен реалдуу турмушта өтөт.

 

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

 

БИРИНЧИ ХОРЕОДРАМАЛЫК САХНА

Таңкы көл. Чыгыштан түшкөн аппак шоола көлдүн бетин акырындап каптап, улам жайылып баратты. Асманда Чолпон жылдыз гана үрүл-бүрүл жылт-жулт этет. Каз-өрдөктөр, чулдук, чардактар уйкудан чукуранышып жаңы гана ойгоно башташкан маалы. Айлана ар түркүн куштардын таттуу тилине бөлөнүп турган учуру. Көлдүн ортосунда эки ак куу моюн алышып бейкапар сүзүп баратышты. Ансыз да ажайып сулуу көлдүн ак куулар менен ого бетер көркү чыкты. Кереметтүү кооздугу артты. Бул ак куулар жөнөкөй ак куулар эмес. Сүйүшкөн ак куулар. Кыйлага созулган ырахаттуу ныксыроодон кийин ак куулар “кяк”, “кяк” этишип үндөрүн шаңдуу чыгарышып, жаңы күндү тосууга камдана башташты. Ошол маалда чачы сексеңдеген, уйкудан жаңы эле ойгонгон, көздөрү бакырайган ак саргыл кыз кызыл көйнөгүн делбектете, бооруна чийден жасалган куурчагын бекем кысып алып, көлдүн жээгине чуркап келди да, колун сууга салып, бетин жууп, куурчагынын жүзүн кошо чайып атып, капысынан эки ак кууну көрө сала селдейип туруп калды. 
КЫЗ. (Шыбырады) Ой-и-ий!.. Ак куулар!.. Ак куулар!.. Ай-и-ий!.. Ак куулар!.. (Суктана тиктеп кыймылсыз катты. Куурчагына шыбырады Карачы, кандай сулуу!.. Кандай сулуу!.. Ой-и-ий!.. (Элейе түштү) А!.. Уктуңбу?!.. Сүйлөп атышат!.. 
ЭРКЕК АК КУУ. (Капысынан адамча сүйлөдү) Сен баарынан сулуусуң! 
УРГААЧЫ АК КУУ. Сен дагы! 
ЭРКЕК АК КУУ. Мен сенсиз жашай албайм! 
УРГААЧЫ АК КУУ. Мен дагы! 
ЭРКЕК АК КУУ. Сенсиз мен өлүп калам!
УРГААЧЫ АК КУУ. Мен дагы. 
ЭКӨӨ. Биз бири-бирибизсиз жашай албайбыз! Өлүп калабыз. Өлгүбүз келбейт. Жашагыбыз келет!  
КЫЗ. (Куурчагына шыбырады) Чын. Апам айткан. Өлүп калышат. И-ий, өлбөй эле коюшсунчу! (Суктанды) Ак куулар!.. Ак куулар!..
(Ошол учурда көмкөрүлгөн казан түспөлдөнгөн чексиз асмандагы бирин-серин токумдай аппак булаттар кызара башташты. Кыз чий куурчагын боюна кыскан боюнча ак кууларды тиктеп, эчактан бери кыймылсыз селейет. Бир аздан кийин эсине келгендей селт этип эки жагын каранды). 
КЫЗ. (Куурчагына) Ай-ии-ий!.. Күн шашке болгон турбайбы. Билбей калыптырбыз ээ. Апам бизди издеп атат го. (Кудуңдап сүйүнүп кетти) Азыр чуркаган бойдон барып апама айтабыз. Ак кууларды көрдүк дейбиз. Анан… тамак ичип алып, кайра чуркаган бойдон келебиз. Ушу жерде ойнойбуз. Ак кууларды карап турабыз. Кеттик үйгө. (Ак куулар тарапты жалт бир карап алып, чачын желге сексеңдете келген жагын көздөй чуркап жөнөдү).

 

ЭКИНЧИ САХНА

Кыз чий куурчагын бооруна кысып алып энтеңдеп чуркап келатса алдынан таң ата элек жатып оолжуган мас киши менен кызымтал киши жолугат. Кыязы пиво ичкени баратышкан го. Тор баштыкка пивонун бош бөтөлкөлөрүн, үч литрлик банка салып алышкан. 
КЫЗ. (Сүйүнүчүн жашыра албады) Акмат аба!.. Акмат аба!.. Көлгө ак куулар келип конду. Азыр эле көрдүм. 
АКОТЧУ АКМАТ. Ырас болгон тура. 
МАС КИШИ. (Кызды кучактап туруп бетинен өөп ийди) Аз-з-замат!.. Аз-замат кыз экен ай, мобу. Жүрөк күйүп турганда ырас болбодубу. (Акматка) Сенин жалгыз күрп тоогуңду сойгондон көрө ошол ак кууларды закуске кылалы, эртең эле жайла. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Дөөгүрсүп) Менден кутулбайт. (Күтүлбөгөн окуядан кыз селейип туруп калды). 
МАС КИШИ. (Оолжуй) Мынабу кызга… Сүйүнчүсүнө… ак куулардын жүнүн жулуп берип кой. Жаздык кылып жазданып жатып жүрсүн. Куш жаздык деген укмуш болот. Андан өткөн мамык болбойт бул дүйнөдө. (Кызга карады) Уктуңбу? Сүйүнчүңө ошолордун жүнүн аласың. 
КЫЗ. (Маанайы түштү) Кереги жок мага. 
МАС КИШИ. О-мей, көрчү муну, чоң киши айтын атканда каяша бергенин кантесиң. Сүйүнчүңө ошол. (Күлдү) Же, сен да биз менен закуске жегиң келип турабы. 
КЫЗ. (Ичи тызылдады) Жок!.. Жок!.. (Мукактанды) Аларды, аларды атпаш керек. 
МАС КИШИ. (Акотчу Акматка) Көрдүңбү, мектептин тарбиясын. Курт-кумурска, чымын-чумун, чымчык-мымчыкка боору ооруйт булар. Бизге боору оорубайт. Кара башыл киши эмне болсо ошо болсун. Булардын иши да жок. Жүрөгүбүз күйүп атканы менен эсептешпейт буларың. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Сөөмөйү менен ээрдин такады) (Шүк!.. Баары жайында болот. Эртеңге чейин чыда, жүрөгүңдүн күйгөнүн басам. (Тигини колдон сүйрөдү). 
КЫЗ. (Жалооруду) Акмат аба… Акмат аба.. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Колун кезеди) Менин жинимди билип кой кызым. Керек болсо ак куу эмес, кара башыл кишини да аябаймын. Бо-от!.. Түшүндүңбү?! Түшүнүп жүр! 
МАС КИШИ. Туура, түшүнүп жүр ай кыз! Керек болсо!.. Билдиңби? (Күлдү) Сүйүнчүсүнө эртең ак куулардын жүнүн аласың. Туура айтамбы, Ака?
АКОТЧУ АКМАТ. А как же. Менин сөзүм эки болбойт. Ыргыта атам! 
(Экөө оолжуган бойдон чыгып кетишти. Ичи ачышкан кыз эмне кылаарын билбей ыйлап жиберди).

 

ҮЧҮНЧҮ САХНА

Кыз кызыл-тасыл гүлдүү бетти аралап өткөн жалгыз аяк жолго түшүп чуркап баратты. Чийден жасалган куурчагын бооруна кысып алып солуктап ыйлап келатты. Жол кайрылып көрүнбөй калган жерде же асмандан түшө калганы, же жерди тешип чыкканы белгисиз апакай узун көйнөгү жерге чубалган, мүчөсү келишкен, перизаттай сулуу аял пайда болду да, кызды күткөн түр менен туруп калды. Аял менен кыздын ортосу жакындагандан жакындап, мына эми экөө бир-бирине бет маңдай келип калышты. 
АЯЛ. (Үнүн акырын чыгарды) Ай кыз. 
(Кыз токтой калып аялга тигилди). 
АЯЛ. Бирөө сени урдубу? 
КЫЗ. (Солуктай) Жок. 
АЯЛ. Анда эмне ыйлап келатасың? 
КЫЗ. (Эреркеп кетти) Бир киши… 
АЯЛ. Айтагой, айта бер. 
КЫЗ. Бир жаман киши… Аты Акотчу Акмат. Ошол “атып өлтүрөм эртең” дейт. (Көзүнөн жаш салаа-салаа куланды). 
АЯЛ. (Чочуп кетти) Кимди?! Сениби! Жинди неме го! 
КЫЗ. Жок, мени эмес. Тээтиги… көлдө сүзүп жүргөн ак кууларды. 
АЯЛ. Ошого ыйлап келатасыңбы? 
КЫЗ. Ооба. Мен аларды дайыма көрөмбү деп ойлоп жүргөм. Бүгүн көлдүн жээгинен көрүп келатсам, Акотчу Акмат менен бир мас киши алдыман чыгышты. Аларга айтсам, “ырас, болбодубу, эртең ак кууларды ыргыта атып, этин закуске кылып жейбиз” дешти. Анан мен коркуп кетип ыйлап жибердим. Анан…
АЯЛ, Боорукер кыз турбайсыңбы, садага. Атың ким? 
КЫЗ. Кыял. 
АЯЛ. Кыялкеч турбайсыңбы. 
КЫЯЛ. А сиз кимсиз, сыйкырчысызбы? 
АЯЛ. (Жылмайды) Мен, мен… Умай энеңмин да. 
КЫЯЛ. Умай эне?! Сизсизби?! 
УМАЙ ЭНЕ. Ооба, менмин. 
КЫЯЛ. Чын элеби? 
УМАЙ ЭНЕ. Чын. Мени кайдан билесиң? 
КЫЯЛ. Билем. Апам айткан. Дайыма “Умай энең колдосун” дейт. (Кичине тынымдан соң) Сиз менин энемсизби? 
УМАЙ ЭНЕ. Ооба, баардык адамдардын энесимин. 
КЫЯЛ. Акотчу Акматтын дагыбы? 
УМАЙ ЭНЕ. (Күлдү) Ага ыраа көрбөй турасыңбы? 
КЫЯЛ. Сиз мага… мага окшогондорго гана эне болуңузчу. 
УМАЙ ЭНЕ. (Мээримдүү күлүмсүрөдү) Сага окшогондорду баарынан жакшы көрөмүн. Мага окшош экенсиң. Мен да боорукермин. 
(Бир аз тыным өкүм сүрдү). 
КЫЯЛ. Сиз кайда жашайсыз? 
УМАЙ ЭНЕ. Элдин ичинде эле жашайм. 
КЫЯЛ. “Умай эне”… Эне болсоңуз эмне үчүн менин чоң энеме окшобойсуз? Жашсыз? 
УМАЙ ЭНЕ. Мен ар түрдүү болуп көрүнө берем. Сага жаш болуп көрүнүп атам. Анткени сен өзүң ошентип ойлоп келаткансың, чынбы? 
КЫЯЛ. Чын. Сиз сыйкырчы турайсызбы. (Ойлонуп калды) Менин эмне ойлоп атканымды билип атасызбы? 
УМАЙ ЭНЕ. Ооба. Сени каалаганың аткарылат. 
КЫЯЛ. Чын элеби?! 
УМАЙ ЭНЕ. Чын. 
КЫЯЛ. Ырахмат сизге, Умай эне! 
УМАЙ ЭНЕ. Барагой, эми. 
КЫЯЛ. Сиз дагы качан келесиз? 
УМАЙ ЭНЕ. Сен кааласаң эле келем. Чий куурчагың кана? 
КЫЯЛ. Мына. (Боорун ача салды. Куурчагы жок) Оп-еей, жок экен. Жолго түшүп калган го. Азыр таап келе коем. 
УМАЙ ЭНЕ. Тим эле кой. Табылат. Куурчагыңдын аты ким? 
КЫЯЛ. Аты… “Умай эне”. Атын апам койгон. 
УМАЙ ЭНЕ. Куурчагың сулуу беле? 
КЫЯЛ. Ооба, аябай сулуу кылып жасагам. 
УМАЙ ЭНЕ. Жоготпой жүр куурчагыңды, макулбу? 
КЫЯЛ. Макул. 
(Капысынан Умай эне же асманга чыгып кеткени, же жерге түшүп кеткени белгисиз, көздөн кайым болду). 
КЫЯЛ. У-умай эне… (Артынан умтулду, эки жагын элеңдей каранды. Боорун сыйпалады (Оп-еей!.. Мына куурчагым. (Чий куурчагы боорунда кысылуу туруптур. Куурчагына) Көрдүңбү, “Умай эне” сенин каалаганың аткарылат” деди. Эми Акотчу Акмат ак кууларды атып көрсүн… Анан… анан экөөбүз көлдүн жээгине барып алып ак кууларга көз салабыз. Макулбу? (Куурчагы “маакул” дегенсип башын ийкегилеп койду). И-и, баса, биз алардын тилин үйрөнөбүз… Умай эне үйрөтөт. (Кичине тынымдан соң) Билесиңби, азыр эмне кылабыз? Сен Акотчу Акматтыкына барасың. (Эки жагын каранып, куурчагынын кулагына бир нерсе деп шыбырады) Түшүндүңбү? (Куурчагы “түшүндүм” дегенсип башын ийкегиледи) Сен андан коркпо, акырын үйүнө жылып киресиң. Эч кимге көрүнбөйсүң. Анан, мен айтканды жасайсың, макулбу? (Куурчагы “маакул” дегенсип башын ийкеди). Бар анда. (Куурчагы тепендеп басып жөнөдү). И-ий, токтой турчу. (Куурчагы токтоп калды). Чогуу барабыз. Сен жолдо коркосуң. Мен жеткирип коем. Жок, мен жаныңда болом, дайыма. (Актанып ийди) Мен кире албайм да. Батпайм. Сен кире аласың. Кичинекейсиң да. (Куурчак “түшүндүм” дегенсип башын ийкеп, Кыялды колу менен сылагылап койду). Кеттик анда. (Куурчагын колунан жетелеп, жалгыз аяк жол менен алдын көздөй узады).

 

ТӨРТҮНЧҮ ХОРЕОДРАМАЛЫК САХНА

Таң атып келатты. Ак куулар адатынча моюн алышып көлдүн бетинде сүзүп жүрүштү. Анан, капысынан көлдүн жээгинен коюу өскөн камыштуу чөптөрдү аралап, бөкчөңдөгөн адам көрүндү. Акотчу Акмат экен! Бир колунда узун союл-мылтыгы, мойнунда жем баштыктай салпактаган дүрбүсү. Акотчу Акмат ак кууларды билип калбасын деп шырп алдырбаска аракет кылып камыштарды аралап, көлгө жакындай баштады. Эки көзү кызарып, моюн алышкан ак кууларды теше тиктейт. 
УРГААЧЫ АК КУУ. Учуп кетелиби башка жакка?
ЭРКЕК АК КУУ. Эмнеге? 
УРГААЧЫ АК КУУ. Жүрөгүм бир жамандыкты сезип атат. 
ЭРКЕК АК КУУ. Коркпо эчтекеден. Жаныңда мен турбайымбы. 
УРГААЧЫ АК КУУ. Жүрөгүм опкоолжуп атат, бизди бирөөлөр атып ийчүдөй болуп. 
ЭРКЕК АК КУУ. Эч ким атпайт. 
УРГААЧЫ АК КУУ. Жүрөгүм эле тынч ала албай атат. 
ЭРКЕК АК КУУ. Койчу, жаман ойлорду ойлобойлучу. Таңдын атып келатканын карачы. Кандай сулуу. 
УРГААЧЫ АК КУУ. (Санааркаганы басылбай) Биз өлбөйбүзбү?
ЭРКЕК АК КУУ. Биз эч качан өлбөйбүз. 
УРГААЧЫ АК КУУ. Таңдын атканын экинчи көрбөй калсакчы?  
ЭРКЕК АК КУУ. Сен эмне болуп турасың, мынчалык санааркап? Ооруп калдыңбы? 
УРГААЧЫ АК КУУ. Өлгүм келбейт. Сенин өлгөнүңдү да көргүм келбейт. 
ЭРКЕК АК КУУ. Коркпочу, өлбөйбүз. 
УРГААЧЫ АК КУУ. Жашагым келет! 
ЭРКЕК АК КУУ. Жашайбыз. Өлбөйбүз. 
(Тыным.
Ак куулар сүзүп баратышты. Ошол маалда Акотчу Акмат камыштардын бүткөн жерине келип, эки жагын элеңдей карап, анан мылтыгын жаагына такап, ак кууларды мээледи. Ак куулар аны сезишкен жок. Акотчу Акмат көздөрүн кызартып көпкө чейин мээледи да, анан мылтыгынын машаасын басып ийди. Мылтык “тарс” этип, аябай жаңырып, ак кууларды мерт кылган… жок. Акырын гана “чып” этип от албай калды. Акотчу Акмат аябай чочуп кетти. Эмне болгонун билбей бир азга элейе түшкөн неме эсине келгенсип кайра мылтыгын октоду. Дагы ак кууларды мээлеп калды. “Бул жолу куткарбасмын” деп көгөргөнсүйт, түрү. Машааны басып ийди. Мылтык “тарс!” этип атылып, ак куулардын бирине тийген… жок. Дагы “тып” этип от албады. Акотчу Акмат аябай чочуп кетти. Эмне болуп кеткенин түшүнө албай аңтаң). 
АКОТЧУ АКМАТ. Астапыралла!.. Бул эмнеси? 
(Анан ал мылтыгын дагы октоп, эки жагын элеңдей карап, ак кууларды көздөй сундурду. Аябай мээлеп туруп, машаасын басып ийди. Мылтык жердин баарын жаңыртып “тарс!!” этип, ак куулардын жүрөгүн түшүргөн… жок, дагы эле “тырс” этип, атылбай калды. Алапайын таппай калган Акотчу Акмат, катуу чочуп кетип, бөкчөйүп олтура калды да, мылтыгын жанталаша чукулап ийди. Огун алып көрдү. Баары эле жайында экен. Ал бир нерсени ойлоп, санааркап эки жагын каранды. Анан кайра моюн алышып сүзүп жүрүшкөн ак кууларга сугун артып, шилекейин кылк эттирип жутуп койду. Бирок, мылтыгын кайра октогон жок. Капысынан төбөсүнөн сагызган шакылыктап ийди. Акотчу Акмат ордунан ыргып кетти тим элек). 
АКОТЧУ АКМАТ. Тей-йт!.. Акмак!.. 
(Сагызган ого бетер күчөп шакылыктап, шылдың кылгансып тигинин төбөсүнөн айланып уча баштады). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Эмне кылаарын билбей кыжынды) Кара жолтой, атаңдын оозуна!.. Көрчү, жада калса ушу да билет, ала-була арамза. Шылдың кылып атканын кара! Көөп турганын акмактын! Мына эмесе деп атып таштаса! 
(Сагызган ансайын күчөп шакылыктап, Акотчу Акматтын айласын кетирди. Ал эмне кылаарын бирбей сагызганга тап берип коет. Сагызган андан корккон да жок. Шакылыктап атты). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Айласы кетти) Эмне кылсам ушуну!.. 
САГЫЗГАН. (Капысынан кишиче сүйлөп ийди) Акот-чу Акмат!.. Акотчу Ак-мат!.. Эч нерсе кыла албайсың!.. Эч нерсе кыла ал-бай-сың!.. Кан ичэ-эр Ак-мат!.. Кан ичэ-эр Ак-мат!.. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Жүрөгү түшүп, башын колу менен калкалай калды) Мо-мо-мо-бу эм-не дейт, ыя?!.. Киши-че, киши-че сүйлөп атабы, ыя-я?!. (Уккан кулагына ишенбей сагызганды алая карады).
САГЫЗГАН. Сен кишисиңби! Сен киши-сиң-би! Сен жырт-кыч-сың! Сен жырт-кыч-сың!.. Ак-мат кас-ап! Ак-мат ка-сап!.. 
(Акотчу Акматтын коркконунан көздөрү алайып, өң-алеттен кетип, кыбыланы баштанып үстөмөнүнөн түштү. Денеси калч-калч этет). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Үнү титреди) Астапыр-ал-ла!.. Астапыр-ал-ла!..
САГЫЗГАН. Жан таттуу, Акмат! Жан тат-туу Ак-мат!.. Кет бул жер-ден! Кет бул жер-ден!..
АКОТЧУ АКМАТ. (Муун-жүүнү титирегени басылбай жалбарып ийди) Жаным-ды кой! Жаным-ды кой!.. Ке-тем! Ке-тем!.. (Төрт аяктап артын көздөй жөрмөлөп жөнөдү. Анан алды капысынан көлгө айлана түшүп, ал “чулп” деп сууга түшүп кетти). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Бакырып ийди) А-а-а!!. (Оозу-башына суу кирип, тумчуга кыйкырды) А-у-у-оо-оо!!! А-у-у-у-оо-оо!.. Ах-ух-ух!!! А!.. А!.. А!.. (Колдорун сунуп тырмалаңдап камышка жармашты). А!.. А!.. Жа!.. Жа!.. Жар-дам!!!
САГЫЗГАН. (Шакылыктады) Со-оп!.. Ча-ла!.. Со-оп!.. Ча-ла!.. Со-оп.. Ча-ла!.. Ушуну көр-мөк-сүң!.. Ушу-ну көр-мөк-сүң!.. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Жанталаша тырмалаңдады) О!.. О!.. О-а!.. Чөгүп бара-там!.. Чөгүп бара-там!.. Чөгүп бара-там!.. О!.. Ку-дай!.. О!.. Ку-дай!.. Жар-дам!.. Жар-дам!.. 
САГЫЗГАН. (Тигинин төбөсүнөн айланып учуп шакылыктап жатты) Жан тат-туу! Жан тат-туу!.. (Шакылыктаган боюнча учуп кетти). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Кудайга үнү жете жанталаша кыйкырып жатты) О-о!.. О-о!.. Эл жу-рт!.. Эл жу-рт!.. Өлүп бара-там!.. Өлүп бара-там!.. Өлүп бара-там!.. Жар-дам!!!.. 
(Ошол учурда эки ак куу көл үстүнө зыпылдап канат күүлөп көтөрүлүштү да, бир заматта Акотчу Акмат чөгүп аткан жердин үстүнө жетиши айланып уча башташты). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Суудан бурдуга жутуп жанталашат) А-а!.. А-а!.. (Башы култ этип сууга кирип кетти да, бир аздан кийин кайра сорок этип чыга түштү. Ошол учурда ак куулар кол созсо жетчү жерде канаттарын жая тегеренип атышкан. Акотчу Акмат жанталашып, аял-буялга келбей тигилердин шыйрагынан “чап” кармады. Эки ак куу кубаттуу канаттарын кере шилтешип көктү көздөй атырылышканда, Акотчу эбелектей болуп тигилерге жармаша кошо кетти. Ак куулар ободо бир кайкып өтүшүп улам төмөндөп жээкти көздөй жакындашты да, кумдарды канаттары менен шыпыра Акотчу Акматты акырын гана кургакка ташташып, өзүлөрү кайрадан обо мелжишип зыпылдашып, кубанычтуу “кяк! кяк!” этишип көлдүн ортосун көздөй учуп кетишти. Бир аздан соң көлдүн чок ортосуна барышып, суунун бетине конушуп, баягы калыптарынча моюн алышып бейкапар сүзүп кетишти. Акотчу Акмат эс-мас болуп жээкте далайга чейин жатты. Тээ кыйладан кийин гана эсине келди. Соксоюп олтурду). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Үшкүрүндү) Ө-үх!.. Бул эмнеси? Өңүмбү, же түшүмбү? (Жакасын мыкчый кармады) О кудай, айланайын тобо!! О кудай айланайын, тобо! Көрөр күнүм бар экен! (Бышактап ыйлап жиберди. Көзүнүн жашы он талаа). Тогуз токоч бабээдин! Тогуз токоч бабээдин! Көрөр күнүм бар экен! Балдарымдын ырысы бар экен!.. 
(Капысынан же асмандан түшө калганы, же жерден өсүп чыкканы белгисиз Умай эне пайда болду). 
УМАЙ ЭНЕ. Баардык жан-жаныбарлардын жаны таттуу. Алардын жаны да сеникиндей. Сен өлгүң келбейби. Алардын да өлгүсү келбейт. Мылтыгыңды ташта. Экинчи жан-жаныбарларга ок атпа. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Төрт аяктап жөрмөлөдү) Таштайм! Таштайм. Экинчи айтпайм! Экинчи айтпайм! Мындан ары мылтык колума кармабайм! Ант урсун! Кусур урсун! 
УМАЙ ЭНЕ. Адам бол! Боорукер бол! 
АКОТЧУ АКМАТ. (Жанталаша муштумун түйдү, кимдир бирөөгө кекенгендей) Адам болом! Боорукер болом! 
(Умай эне кандай пайда болсо, дал ошондой көздөн кайым этти. Акотчу Акмат эки жагын элеңдей каранып, эмне болуп кеткенин түшүнбөй оозу ачылат). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Эки колу менен жакасын муунта кармады, көздөрү алайып чанагынан чыкты) Кудай айланайын тобоо-оо!.. (Шыбырап, бат-баттан келме келтирип жиберип, анан бирөө аны аңдып тургандан бетер ордунан көчүгү менен шырп алдырбай жылып, сырдуу жээктен алыстады. Анан, үрөйү учкан курган неме төрт аяктай түшүп жанталаша тырмалаңдаган боюнча жээктен узады да, бир кезде далайга чейин тизелей калып сүрдүгүп барып, акыры бөкчөйүп эки аягына туруп, бүкүрөңдөгөн боюнча айылды көздөй буту үзүлгөнчө чуркап жөнөдү. Бир аздан соң колуна пивонун бош бөтөлкөсүн кармаган мас киши көрүндү). 
МАС КИШИ. (Оолжуп) Ой, Акмат… Ой, Ак-мат!.. Ой, пийва мына, закуске кана?.. Ой, Ак-мат!.. Каякка житип кеттиң, ыя? Ак-мат дейм. Пийва мына, закуске кана?.. 
(Шакылыктаган сагызган пайда болду). 
САГЫЗГАН. (Шак-шак этти) Тигине закуске, тигине. (Башын жаңсап көлдөгү ак кууларды көрсөттү). 
МАС КИШИ. (Көзүн ачып-жуумп) Оме-е-ей, атаңдын көрү ай, чын эле!.. (Оолжуп барып көлгө кирип кетти да, кекиртегине чейин сууга бата түштү. Тырбалактап кайра артын көздөй качты. Жээкке чыкты. Сагызганга тап берди) Ой, арамза, митаам. Мени өлтүрөйүн деген тура, алдап туруп. 
САГЫЗГАН. (Шак-шак этти) Жан тат-туу. Жан тат-туу. 
МАС КИШИ. Анан эмне, таттуусу тап-таттуу. Бөөдө өлбөй калайын, көрчү муну. (Темтеңдеп артын көздөй кетти). Ой-й, Акмат. Акмат, ой, Ак-мат… 
(Сагызган шакылыктап анын артынан учуп кетти. Көл баягысындай эле мемиреп турду. Эки ак куу моюн алыша тээ алыста жай каалгышат. Бир аздан соң жээкке чий куурчагын бооруна кыскан Кыял шайырлана жетип келди). 
КЫЯЛ. (Кызыл бантиктерин сексеңдете оромпой тээп, секирип кирди) Мынакей, мынакей!... И-и-и,и-и-и!.. Биз жеңдик! Биз жеңдик! (Чий куурчагын жерге түшүрүп коюп секиргенин улантты. Чий куурчагы кошо секирип жатты. Экөө кол кармашып алып ары-бери тегерене көпкө чейин секирип атышты. Капысынан сагызган пайда болду). 
САГЫЗГАН. Ай, Кыял. Көрдүңбү, менин жасаганымды? 
КЫЯЛ. Ооба, көрдүм азамат экенсиң. 
САГЫЗГАН. Кечээ куурчагың Акотчу Акматтын терезесинен кирип, окторунун дарысын төгүп атканда, ошол жерде учуп жүрбөдүм беле. Акматта менин да өчүм бар. “Мынабу ала-була немени атып таштайм” дей берет. Сооп болду. Ырас болду. (Шакылыктап тигилердин үстүнөн айланып уча баштады. Баары тең кубанычтуу ойноп жатышты).

 

БЕШИНЧИ САХНА

Кыял чий куурчагын бооруна кысып алып, керебетиндеги төшөгүнүн үстүндө түнкү ак көйнөкчөн олтурду. Дубалдагы саат эртең мененки онду көрсөтүп турса да бөлмө али караңгы. 
КЫЯЛ. (Куурчагына) Бүгүн эртең менен Акотчу Акмат ак куулары атканы көлгө барыптыр. Угуп атасыңбы? Ак куулар башка жакка кетип калышкан окшойт. Балким бир жамандыкты сезишкендир, алдын-ала. Көлдө жок экен алар. Акотчу Акмат жини келип, кур кол кайтып келди үйүнө дебедиби апам. Бирок, Акотчу Акмат эртең да барат кайра, ак кууларды атканы. Ал ошондой жаны тынбаган киши. (Төшөгүнөн туруп алып терезени пардасын тартты. Үйгө жарык түшүп, көгөргөн көл көрүндү). 
И-и!.. Ак куулар! Тигине! Көлгө келип конушту. (Телмире тиктеп калды. Алыстан, моюндары койкойгон эки ак куу сүзүп баратышкан). Ак куулар эмне үчүн экиден болуп жүрүшөт, билесиңби? Эчак эле апам айткан: “Ак куулар түгөй-түгөй болуп өмүр сүрүшөт, бирисиз-бири жашай алышпайт” деп. Алар эч качан жалгыз жүрүшпөйт экен. Бири өлсө, экинчиси кошо өлөт экен. (Телмире түшүп күбүрөндү) Учуп кеткиле кечинде. Учуп кеткиле. Эртең менен келбегиле. Келбегиле. (Үнү дагы пас чыкты) Түштө… ушул убакта келсеңер болот. (Жалооруй жалбарды) Күн баткыча башка жакка учуп кеткиле. (Ак кууларга суктана тиктеп турду. Эки ажайып сулуу канаттуу дагы эле моюн алышып сүзүп баратышты).

 

АЛТЫНЧЫ САХНА

Күн бүркөө. Көл “күр-шар” этип толкуп жатты. Жээгинде ак көйнөкчөн, чачтары желге сексеңдеген Кыял чий куурчагын бооруна кысып, телмире көлдү тиктеп, бир нерсени издеп турду. Бир маалда “күр-шар” этип келип толкун жээкти каптап өттү. Кыял ойт берип толкундан качты. Анан толкун жээкти тынымсыз каптай баштады. Кайра-кайра, дембе-дембе жээкти качырып, Кыялдын шаштысын кетирди. Кыял көлдүн жээгинде толкундан качып ары-бери чуркап кирди. Толкун атырылып келип кыялды качырат. Кыз толкундан качат. 
КЫЯЛ. (Толкунга) Басылчы эми, басылчы. 
(Толкун басылаар түрү жок). 
КЫЯЛ. Басылсаң эми, мен сага айтып атам го. 
(Толкун дегеле басылчудай эмес. Кайра Кыялды качырып коркутуп атты. Айласы кеткен Кыял толкундун оюнуна кошулуп кетти. Толкун артка тартканда кайра көлдү көздөй чуркайт. Толкун качырганда жээкти көздөй качат. Толкун тынымсыз качырып шаштысын кетиргенде ал көмкөрүлгөн кайыктын үстүнө чыга качат да, буркан-шаркан түшүп аткан көлгө көз чаптырып элейип туруп калды. Ою алда кайда кетти. Толкун өжөрлөнө кайыкты каптайт. Кыял кайрадан толкундун оюнуна кошулуп кетти. Аны менен чын көңүлдөн ойной баштады. Толкун кайыкты жаба урат. Кыял анын жете албай атканына маашыр). 
КЫЯЛ. Жете албайсың. Жете албайсың. 
(Толкун күркүрөп келип кайыкты бир урду. Кайык солкулдай түштү, бирок, баары бир Кыялга жеткен жок). 
КЫЯЛ. (Маашырлана күлдү) И-и, жете албайсың, баары бир жете албайсың. 
(Өжөр толкун дагы “күр-шар” этип келип кайыкты каптады. Кайык дагы кыймылдап барып тынчып калды). 
КЫЯЛ. (Маашырлана) Убара болбо. Убара бол-бо. 
(Толкун дагы күркүрөп келип кайыкка урунду да, кайра жылжып артына кетти). 
КЫЯЛ. (Ансайын маашырланды) Айт-тым бе-ле. Айт-тым бе-ле. 
(Тентек балага окшоп толкун көлдү көздөй сүрүлдү). 
ТОЛКУН. (Үнү кардыга) Чарчап калдым. 
КЫЯЛ. (Акыл үйрөтө) Жөн эле чамына берет экенсиң. Сага эмне жамандык кылдым мен. 
ТОЛКУН. (Үнүн кардыга толкундап кетти) Эркелетип атпайымбы сени. 
КЫЯЛ. (Таарыныч кылды) Ооба сага. Алдабачы кишини. Чын эле мени агызып кетейин деп аткансың. 
ТОЛКУН. (Үнү каргылданды) Коркпо, агызбайм. 
КЫЯЛ. Агызбайм деп коет… 
ТОЛКУН. (Үнү каргылдана кардыкты, артын көздөй жылжып үшкүрүндү) Ө-өх!.. Аябай чарчадым. 
КЫЯЛ. Чарчабада. Сага бир нерсе айтайын деп атам. 
ТОЛКУН. Катуу чарчап калдым. 
КЫЯЛ. Эмне, басылып каласыңбы? 
ТОЛКУН. (Артын көздөй тартылып кете баштады) Эс алам. Уяма кетем. 
КЫЯЛ. И-и-и-й… кетпей эле койчу. 
ТОЛКУН. (Дагы арылады) Жок, кетем. 
(Бир кыйлага созулган тыным). 
КЫЯЛ. Кайра келесиңби? 
ТОЛКУН. (Арсарсый) Келем го… 
КЫЯЛ. Сөзсүз келчи. Эртең менен эрте, таң ата электе келсең. 
ТОЛКУН. (Улам алыстап) Эмне үчүн? 
КЫЯЛ. Сен катуу толкундасаң үстүңө куштар коно албай калат да. 
ТОЛКУН. (Мактана түштү) О-о!.. Балакеттинби. Мен толкундаганда… 
КЫЯЛ. Ошон үчүн эртең эрте менен келсең. Аябай, аябай күркүрөп, күн чыкканча чарчабай койсоң. Бир да куш коно албай калсын үстүңө. 
ТОЛКУН. Ошо да болчу беле. Куштар мени жаман көрүп калышат да анда. 
КЫЯЛ. Жоо-ок, сени эч ким жаман көрбөйт. Сен басылгыча алар асманда эле учуп турушат. 
ТОЛКУН. Чарчашсачы. 
КЫЯЛ. Анан, сен басылганда эс алышат да. 
ТОЛКУН. Мага таарынышып башка жакка кетип калышсачы. 
КЫЯЛ. Таарынышпайт. Кайра сага ырахмат айтышат. 
ТОЛКУН. Чын эле айтып атасыңбы? Аны сен кайдан билесиң? 
КЫЯЛ. Билем. Алар өзүлөрү көрүшөт. 
ТОЛКУН. Эмнени? 
КЫЯЛ. Акотчу Акматты билесиңби? 
ТОЛКУН. Билем. Билбегендечи. Колума тийбей жүрөт да көргүлүктү бир көрсөтөт элем. Иттей митаам киши. Такыр кайыкка түшпөйт. Бир эле жолу кайыкка түшсө аласалдырып кетет элем. 
КЫЯЛ. Ошо киши ак кууларды атканы жүрөт. Закуске кылып жейбиз дейт. 
ТОЛКУН. Акотчу Акматпы?!
КЫЯЛ. Ошол акотчу. 
ТОЛКУН. (Жини келди аябай) Атып эле көрсүн, эр болсо! Сугалактыгын карасаң. 
КЫЯЛ. А сен келбей койсоң, ал атып кетет. 
ТОЛКУН. (Чамынып) А-а!.. Мен ага аттыра коет экемин. Көрөбүз анын атанчаактыгын. 
КЫЯЛ. Сен келбей калсаңчы? 
ТОЛКУН. Келем! Эмне үчүн келбейт экемин. 
КЫЯЛ. Уктап калсаңчы? 
ТОЛКУН. О-оо, туура айтасың. Уктап калам. Менин уйкум аябай катуу. Ойгонбой уктай берем, күндөн-түндөп. (Маанайы пас) Анда иштин бүткөнү. Эми эмне кылчубуз. 
КЫЯЛ. Билбейм. 
ТОЛКУН. (Сүйүнүп кетти) Сен мени ойготуп кой. 
КЫЯЛ. (Башын жерге салды) Ойгото албайм. 
ТОЛКУН. Эмне үчүн? 
КЫЯЛ. Корком, түнүчүндө жалгыз жүргөндөн. 
ТОЛКУН. (Айласы кетти) Анан эмне кыл дейсиң? 
КЫЯЛ. И-ий, таптым! Умай эне ойготот сени. 
ТОЛКУН. Умай эне бул жерде азыр жок. 
КЫЯЛ. Кайда? 
ТОЛКУН. Тэ-э, алыс, Африкага кетти. 
КЫЯЛ. Эмне үчүн? 
ТОЛКУН. Ошоякта ооруган балдарды эмдеп атыптыр. 
КЫЯЛ. И-ий, анда жакында келбейт турбайбы. 
ТОЛКУН. (Маанайы пас) Эми ким ойготот мени? 
(Бир азга созулган тыным). 
КЫЯЛ. Тап-тым! Шам-ал! Шам-ал!.. 
ТОЛКУН. (Үмүтсүз) А шамалды ким ойготот? 
КЫЯЛ. Ал дайыма эле ойгоо жүрөт да. 
ТОЛКУН. (Нааразы боло) О-ой, аның да жеткен уйкучу. Менден да жаман. Жылуу уясына бир кирчү болсо, эчтемеден капары жок кышылдап уктап жата берет. (Үшкүрүндү) Өх-х!.. Аябай чарчадым. Денем салмактанып атат. Уюп чыкты. Тынч албасам болбойт. Барып эс алам. (Күнөөлүчө) Мен барайын, сен мага таарынба, ээ? 
КЫЯЛ. (Ичи ачышты) Сени ким ойготот? 
ТОЛКУН. (Күнөөлүчө) Эмне кыл дейсиң… (Жылжыган боюнча акырын артын көздөй кетти да, көл мемиреп тынч ала баштады. Кыялдын көңүлү чөгө кайыктын үстүндө, бирөөнөн жардам күткөнсүп көлдү телмире тиктеген боюнча бир кыйлага чейин кыймылсыз олтурду. Сур булуттар эчак эле тарап кеткен. Мунарык тартып көгөргөн асманды күндүн акыркы кызыл нурлары тарам-тарам болуп каптап турган). 
КЫЯЛ. (Асманды тынчсыздана тиктеп куурчагына кайрылды) Эртең күн ачык болот… (Оордунан туруп, башын жерге сала илээлей басып көлдөн узай баштады. Улам-улам кылчактап, бирде көлгө, бирде асманга үмүтсүз көз чаптырып баратты).

 

ЖЕТИНЧИ ХОРЕОДРАМАЛЫК САХНА

Эртеси эртең менен. Таң атайын деп калган. Көлдүн үстүндө эки ак куу баягысындай эле моюн алышып сүзүп жүрүшөт. Камыштарды аралап, ууру мышыктай жыла басып Акотчу Акмат көрүндү. Дүрбүсү жембаштыктай болуп мойнуңда салпактап, колунда союлдай болгон мылтыгы бар. Ак кууларды аябай тирмие тиктеп, сугу артат. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Акырын маашырлана күлдү) И-и, дагы учуп келдиңерби. Кечээ мени акыйттыңар эле, ээ. Бүгүн колго түштүңөр. Ух!.. Экөөңдү бир ок менен жайласам. Анан жүнүңөрдү жулуп, жаздыкка салып… Ох, жазданып өзүм жатсам, жыргап. Жанагы жашабаган кызга бербей калайын. Пийвадан ичип, этиңерди закуске кылып жесем, ээ!.. Эми куткарбайм силерди, куткарбайм! Бир гана атып жайлайм! И-и, сүзө түшкүлө. Дагы сүзө түшкүлө. Ажалыңар жетээрине аз калды. Ошенте тургула. 
(Ак куулар коркунуч түшкөнүн билишпей сүзүп баратышты). 
АКОТЧУ АКМАТ. Ошентип катарлаш тургула, эсебиңерди гана колуңарга берем, азыр. (Мылтыгын мээледи. Ак куулар. Аны билишпейт. Жай каалгып сүзүп баратышат. Акотчу Акмат аябай көпкө чейин мээлеп туруп атып ийээрде, капысынан чочуп кетип, мылтыгы колунан түштү). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Жүрөгү түшүп) Астапыр алла!.. (Жакасын карманда) Өңүмбү, же түшүмбү?! Булар ак куулар эмес эле шайтандар го дейм, ыя?!.. Же көрүмчүбү?!.. 
(Көлдүн ортосунда, эмеле ак куулар сүзүп бараткан жерде бир сулуу кыз менен сулуу жигит чабак уруп жүрүшөт). 
АКОТЧУ АКМАТ. Иттики!.. Ак куу атам деп, киши өлтүрүп ала жаздадым ээ!.. Астапыралла, өлмөк экемин, бөөдө. Түрмөгө кетмек экемин, эки көзүмдү жалдыратып. (Нааразы болду) Атаны атаңдын оозуна… Бу кандай көпкөн немелер, ыя, таң ата элек жатып сууга түшүп жүрүшкөн. Ээн баш, тартипсиз, уятсыздар десе. Карасаң, карасаң. О!.. Каскактар! Жанагы ак куулар каякка кетип калышты, ыя? Мобу экөө чыга калып чочутуп ийишкен экен, ээ. Ак кууларды мээлеп атпадым беле, булар каяктан чыга калышты. (Жини келди) Дагы үйгө куру кол кайтат экемин, ээ. (Нааразы болду) Эки күндөн бери жолум кыйчалыштап туруп алды. Бу мага эмне болуп атат, ыя?!.. Же мага жин тийдиби?.. 
ҮН. Ооба, жин тийди! 
АКОТЧУ АКМАТ. (Көздөрү чанагынан чыга чочуп кетти) Ок!.. Бу ким?! 
ҮН. Мээңден айнып калдың. Доктурга көрүнгүн. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Жүрөгү ого бетер түштү) Бу ким деп атам?!..
ҮН. Мен. (Кайдан-жайдан экени белгисиз Умай эне пайда болду) Тааныдыңбы? 
АКОТЧУ АКМАТ. (Калчылдап) Та-та-тааны-дым!..
УМАЙ ЭНЕ. Эмне дедим эле сага? 
АКОТЧУ АКМАТ. (Калчылдап) Адам болом!.. Боорукер болом!.. 
УМАЙ ЭНЕ. Сен калпычысың, адам эмессиң! Адам сендей болбойт! 
АКОТЧУ АКМАТ. (Жанталаша калчылдады) Эми болом! Эми болом! Сөзсүз болом! Сөзсүз!.. 
УМАЙ ЭНЕ. Болуптур. Дагы бир ирээт кечирейин. Болбосо… (Колун шилтеп койду, Акотчу Акмат ордунан куюңдай чимирилип асманга көтөрүлдү). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Өң алттен кетип бакырды) А-а!!! А-а!!! Ко-куй! Өл-өм!!! Жан со-ога!!! Жан соо-га!!! Айланып садага кетей-ин, Умай эне!!! Жан-ымды!!!.. Жаным-ды!!!..
УМАЙ ЭНЕ. Жан таттуу. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Башын кежеңдете ийкегилеп) Тат-туу-уу! (Жалынып-жалбарып ийди) Кагылайын Ум-ай эне!.. Садагаң кетейин Ум-ай эне!.. 
УМАЙ ЭНЕ. Мен сага жамандык каалабайм. (Колун шилтеп койду эле, Акотчу Акмат “талп” этип жерге бир тийип, төрт аяктап жөрмөлөп калды).
УМАЙ ЭНЕ. Эсиңдеби, чөгүп өлүп кала жаздаганың? 
АКОТЧУ АКМАТ. (Титиреп) Эс-эс-имде!..
УМАЙ ЭНЕ. Ай таң… Эсиңден чыгып кеткен го… 
АКОТЧУ АКМАТ. Жок, жок! Чыга элек. Эсимде эле турат. Ант урсун! Кусур урсун!..
УМАЙ ЭНЕ. Калп карганба. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Калчылдап) Чын! Чын!.. (Жанталаша ары-бери жөрмөлөдү).
УМАЙ ЭНЕ. Эсиңде болсо кылаарың ушубу. Чөгүп өлөөрүңдө ак куулар куткарып калышпады беле. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Калчылдап) Оо-ба, оо-ба…
УМАЙ ЭНЕ. Жакшылыкка жамандык кыласыңбы? 
АКОТЧУ АКМАТ. Экинчи антпейм! Экинчи антпейм!..
УМАЙ ЭНЕ. Бар үйүңө. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Калчылдап) Мына, мына!.. Кетем, кетем!..
УМАЙ ЭНЕ. Экинчи, бутуң ушул жерди баспасын, уктуңбу? 
АКОТЧУ АКМАТ. (Калчылдап, жөрмөлөгөн боюнча артын көздөй жөнөйт) Уктум! Уктум!.. (Жөрмөлөп олтуруп көрүнбөй калды).
УМАЙ ЭНЕ. (Акотчу Акматты жаман көзү менен менен узата карады) Ач көз, митаам, мыкаачы! 
(Көлдө сүзүп жүргөн сулуу кыз менен сулуу жигит акырындап барып ак кууларга айланып кетишти. Кыял чачтарын сексеңдетип чуркап келди). 
КЫЯЛ. Умай эне? Ак кууларды ким кишиге айлантты? 
УМАЙ ЭНЕ. (Жылмайып) Мен. 
(Бир аз тыным). 
КЫЯЛ. Дагы качан келесиз? 
УМАЙ ЭНЕ. Мен Африкада жүрбөймбү. Жакында биротоло келем. 
КЫЯЛ. Сиз кантип билдиңиз? 
УМАЙ ЭНЕ. Сен өзүң чакырбадыңбы, кечээ. 
КЫЯЛ. Ошону уктуңузбу? 
УМАЙ ЭНЕ. Сенин үнүң жердин баарын кыдырып олтуруп мага келди. Куурчагыңды жоготкон жоксуңбу? 
КЫЯЛ. Жок. Мынакей. (Караса эле куурчагы жок). Оп-еей, куурчагым жок. Жолго түшүп калган го. Азыр издеп келем. 
УМАЙ ЭНЕ. Убара болбо. Табылат. (Көздөн кайым болду). 
КЫЯЛ. Опе-ей, бул эмне? Куурчагым го? (Ырас эле чий куурчагы боорунда кысылуу экен). Көрдүңбү, Акотчу Акмат бүгүн дагы кур жалак калды. Соо-оп, соо-оп! (Адатынча куурчагы экөө кумдун үстүндө секирип ойной башташты. Көлдүн үстүндө ак куулар да канаттары менен суунун бетин чапкылашып ойноп атышты. Асман көп-көк. Күн жаркырап тийип турду).

 

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

 

СЕГИЗИНЧИ САХНА

Түн. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Аңгыча чагылган жаркылдады. Кыялдын жаткан бөлмөсү көз ирмемге жарык боло түштү. Күн күркүрөдү. Шамал аралаш дабырттатып жаан жаап кирди. Чагылган дагы жаркылдады. Узун ак көйнөкчөн Кыял терезеге жабышып сыртты карап турду. Толкундун “күр-шар” эткени угула баштады. 
КЫЯЛ. (Кубанычтуу шыбырады) Башталды! Шамал, шамал токтобо! Шамал, шамал токтобо! (Чагылган бөлмөнүн ичин дагы жарыкка бөлөдү. Кыял кайра керебетке келип, төшөгүнүн үстүндө терезени тиктеп олтурду. Шамал ого бетер күчөп, көл толкуну күркүрөп-шаркырап жатты. Ошол учурда тегерек агыш шоолага толуп, айлана күңүрт жарык болуп Кыялдын бөлмөсүнүн терезесинде чекесине Чолпон жылдыз тагынган Умай эне көрүндү). 
УМА Й ЭНЕ. Эмне уктабай жатасың? 
КЫЯЛ. Шамалдын болгонун, толкундун үнүн угуп жатам. Шамалды ким ойготту? 
УМАЙ ЭНЕ. Мен ойготтум. 
КЫЯЛ. Ал толкунду ойготту. 
УМАЙ ЭНЕ. Ооба, шамал толкунду ойготту. 
КЫЯЛ. Шамал эми токтобойбу? 
УМАЙ ЭНЕ. Эртеңге чейин басылбайт. Аябай буулугуп калыптыр. 
КЫЯЛ. Эмне үчүн? 
УМАЙ ЭНЕ. Көпкө чейин уктаган да. 
КЫЯЛ. Токтобой эле койсун. (Бир аз тынымдан соң) Умай эне сиз аябай сулуу болуп калыптырсыз. 
УМАЙ ЭНЕ. Мени сулуу кылып аткан мынабул жылдыз. Муну сага алып келгемин. (Чекесиндеги жылдыз Умай эненин алаканына түштү, ал аны Кыялга сунду. Кыял жылдызга колун созгондо эле, ал анын чекесине жаркырап кадалып калды). 
КЫЯЛ. Ырахмат сизге, Умай эне! 
УМАЙ ЭНЕ. Мына эми, сен да сулуу кыз болуп калдың. 
КЫЯЛ. Мен эми караңгыда коркпоймун, жылдызды тагынып алып, түнүчүндө барып дайыма толкунду ойготуп турамын. Ал уйкучу да аябай. 
УМАЙ ЭНЕ. (Кыялды чекесинен сылап) Бул жылдызды сага ошентсин деп берип атпайымбы. (Бир паста көздөн кайым болду. Кыял чекесиндеги жылдызды жаркырата терезедеги көлдү карап турду. Көлдөн тентек толкун көрүндү). 
ТОЛКУН. Ой-ий, кандай сулуу болуп калыптырсың… жылдыздуу кыз! Көрдүңбү ойгонуп кеттим. Эми эртеңге чейин токтобойм. Акотчу Акматың келсе агызып кетем аны да. Жанын көзүнө бир көрсөтүп коеюн. Жылдыздуу кыз, эми сен тынч жатып уктай бер. 
КЫЯЛ. Чарчаган жоксуңбу? 
ТОЛКУН. Оо, каяктан чарчайын, жаңы эле баштабадымбы. 
КЫЯЛ. Таң аткыча чарчаба, ээ? 
ТОЛКУН. (Компое) Керек болсо эртең түшкө чейин чарчабайм. (Ал кайра көлгө кирип “күр-шар” эте баштады). 
КЫЯЛ. (Аркасынан шыбырап) Сен такыр чар-ча-ба!.. (Толкун күрүлдөп-шарылдап жатты. Кыял бооруна чий куурчагын кысып бөлмөнүн ичинде өзүнөн-өзү эле тегеренип учту да, терезеден сыртка чыгып кетти. Жаан тып басылып, жылдыздар жымыңдап көрүнө баштады. Кыял чекесиндеги Чолпон жылдызы менен өзү да жылдызга окшоп калды. Караса жылдыздардын жанында эки ак куу учуп баратышыптыр. Кыял алардын артынан учуп жөнөдү. Төмөн жагын караса Акотчу Акмат менен мас киши ташка жашынып алышып ак кууларды шыкаалап аткан атышыптыр. Кыял ылдыйлап келип тигил экөөнүн төбөсүнөн айланып уча баштады). 
МАС КИШИ. (Көрө сала соолуга түштү) Э-эй, карачы, ай, бул эмне?!.. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Коркуп кетти) Билбейм… 
МАС КИШИ. Космонавтар го дейм, ыя? Бизди сүрөткө тартып атышат. Жүрү качалы, шорубуз катат, бөөдө. (Жанталашып качмакчы болду). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Тыйып) Жым!.. Дымыңды чыгарба. Өлгөн киши болуп калабыз. (Экөө дым чыгарышпай жатып калышты. Кыял дагы бир аз ылдыйлады). 
МАС КИШИ. (Коркконунан чыдай албай кетти) Бир балакетти сезип турам. Карачы, ылдыйлап келатат. 
КЫЯЛ. (Ышкырып ыжылдады). 
МАС КИШИ. О-ой, учуучу табак турбайбы!.. Эми анык өлдүк! Алып кетет бул бизди. Дайынсыз жоголобуз! 
АКОТЧУ АКМАТ. (Корконунан калтыраса да жини аябай келди) Акырын дейм! Дегеле жаның таттуу экен сенин! Акырын! Акырын! 
МАС КИШИ. (Калтырап) Кимдин жаны таттуу эмес экен. Баарыбыздын жаныбыз таттуу. 
КЫЯЛ. (Үнүн коркунучтуу чыгарды) О-о-өө-уу-үү-оо!.. 
МАС КИШИ. (Көзүн ачып-жумуп) Учуучу табак эмес окшойт. Өлөйүн бул жанагы айдагы жезкемпир, биз бала кезде ата-энебиз айткан. Эми анык өлдүк. Шишкебек кылып жейт бизди, бул! (Калтырап, тиши-тишине тийбей шакылдады) Эм-неси бол-со да, өл-дүк!.. За-кус-ке— же-бей таш же-сем-чи!.. 
КЫЯЛ. (Каткырып күлдү) Ха-ха-ха!.. Ха-ха-ха!..
АКОТЧУ АКМАТ. (Коркконунан калтырады) Шайтанга окшоп атат! Кызга окшош экен. Шайтан кыз экен!.. 
МАС КИШИ. (Жалынып-жалбарып) Качалычы бул жерден, байкебай!.. Качалычы!.. (Жанталаша качып жөнөдү. Акотчу Акмат анын аркасынан кошо качты. Экөө тим эле аяк-аягына тийбей безилдеп качып баратышты. Кыял күлүп алардын аркасынан учуп жөнөдү. Анан асманды караса ак куулар айдын ары жагына учуп кетишиптир…)

 

ТОГУЗУНЧУ САХНА

Эртеси. Күн шашке. Акотчу Акматтын үйүнүн багы. Тамак ичиле турган секичеде ал мылтыгын тазалап олтурган. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Өзүнчө күбүрөндү) Атаңдын көрү, эки күндөн бери жолум болбой койду. Мындай болчу эмес эле. Кыйды немелер билип алып учуп келбей атышабы? Толкун басылбай атканын карабайсыңбы. (Күн батышка колун серепчилеп) Күн ачык болоюн деп турат го эртең? 
(Бактын төрүнөн бооруна чий куурчагын кысып алган Кыял көрүндү. Ал тарткынчыктай, кыйыла басып Акотчу Акматка жакындады). 
АКОТЧУ АКМАТ. И-и, кел? Конокко чакырып келдиңби? 
КЫЯЛ. (Үлдүрөй) Жок. 
АКОТЧУ АКМАТ. Битирлигиңер жанда жок го. Кошуна болуп туруп бир чычкак улак сойуп, коноктоп койгонго жарабайт, жанагы сенин жаман ата-энең. Ошентип айтып бар, макулбу? И-и, анан эмне келдиң? Бирдеме сураганга кыйын элеңер. Эмне сурап келдиң? 
КЫЯЛ. (Тарткынчыктай) Эчтеке.
АКОТЧУ АКМАТ. Анан эмне келдиң? 
КЫЯЛ. (Кыйылып оюндагысын айта албай) Жөн эле… 
АКОТЧУ АКМАТ. Жөн эле да киши келчү беле. (Тамашаламыш этип) Же көк мээ козу болбосоң, жөн эле басып кеткидей. А-а, алма уурдайын деп келгенсиң го, э-э? Мен жок болсом. Мен көрүп калып, эми эмне кылаарыңды билбей атасыңбы. Ой, кандай немесиңер, ыя. Өзүңөрдүн багыңарда алма толтура. Бирөөнүкүн жегенди жакшы көрөсүңөр. Ушул силерди эмне кылсам. 
КЫЯЛ. (Тайсалдай) Мен алма уурдабайм. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Тигини туурап) “Уурдабайм” дебегенде, уурдайм демек белең. 
(Бир аз тыным). 
КЫЯЛ. (Тарткынчактап) Акмат аба… тиги… 
АКОТЧУ АКМАТ. Сүйлө, сүйлө. 
КЫЯЛ. Тиги… Сиз ак кууларды атпаңызчы. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Көздөрүн кыбыңдатып) Бо-от, маселе биякта жаткан тура көрсө. 
КЫЯЛ. (Бир аз шердене түштү) Атпасаңыз. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Киңкилдеп күлдү) Хи-хи-хи!.. Ошону эмдигиче чын көрүп жүрөсүңбү. Мен аны мастык менен эле айтып койгом. (Дагы күлдү) Өзүм акотинспектор болсом, анан атчу белем ак кууларды. (Бир аз тынымдан соң) Ошого эле келдиң беле? 
КЫЯЛ. (Башын жүүнү бош ийкегилеп) Ооба… 
АКОТЧУ АКМАТ. (Жайдаңдап) Барагой анда, үйүңө. 
КЫЯЛ. (Кыйылып араң басты артын көздөй).
АКОТЧУ АКМАТ. Сага эмне болду? Же дагы бир нерсе айтайын дедиң беле? 
КЫЯЛ. (Кыйыла) Жок. (Кайра шашкалактай түштү) Ооба!.. 
АКОТЧУ АКМАТ. Айт анда. 
КЫЯЛ. (Кыйылды) Сиз… сиз калп айтып атасыз. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Түшүнгөн жок) Эмнени калп айтып атам? 
КЫЯЛ. Ак кууларды атпайм деп. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Чочумуш этти) Эмне дейт мынабу кыз. Сендей кичинекей балдарды алдагыдай мен эмне…
КЫЯЛ. (Мукактана) М-мен… билип атам… 
АКОТЧУ АКМАТ. (Таңдана түштү) Эмнени билип атасың? 
КЫЯЛ. Мени алдап атканыңызды. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Ойлонуп калды) Оңой кыз көрүнбөйсүң сен. 
КЫЯЛ. (Бир аз аярданып) Апама айттым…
АКОТЧУ АКМАТ. (Кооптоно түштү) Эмнени айттың? 
КЫЯЛ. Сизди… тиги ак кууларды закуске кылып жейм деп атат деп. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Каткырып күлүп жиберди) И-и, апаң эмне деди анан? 
КЫЯЛ. Апам сизди… “жаман киши… зөөкүр” деди. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Мостое түштү) А-а, мен силерге эми “зөөкүр” болуп калган экемин да. Сунчу бери тилиңди. (Кыялдын оозун барбайган колдору менен капшыра кармады) Жарбагыр! Алдыкы эки ача тилиңди жулуп туруп колуңа карматып коем! Зөөкүрдү ошондо көрөсүңөр. 
(Кыял ыйлап жиберди. Акотчу Акмат кыздын жаактарын кое берди).
АКОТЧУ АКМАТ. (Жинденип) Өлтүрүп койсо силерди! Үй-бүлөңөр менен ушундайсыңар. Бар эми, апаңа айтып бар. Чаап алгыла мени! Кыйын экениңерди көрөйүн силердин! 
(Кыял бышактап ыйлап кетип баратты).
КЫЯЛ. (Обочороок бара түшүп, солуктай) Милийсага айтам! Аткан атат деп…
АКОТЧУ АКМАТ. (Жиндене күлдү) Кыйратаарсың жарбагыр! Милийсачылын мунун, бешиктен бели чыкпай жатып. Сендей бок мурундун сөзүнө кайсы милийса ишенет экен. 
КЫЯЛ. (Солуктаган калыбында кетип баратты) Ишен-е-ет!
(Алдынан мас киши чыкты). 
МАС КИШИ. Ой, Акмат закуске даярбы? (Кыялды көрө салып эркелете кетти) Айна-най-ын кыз… Келчи муй-дуң-дан өөп коеюн. (Колун сунуп Кыялга умтулду эле, кыз ойт берип четке чыга берди). 
Ой, эмне качасың, менин сендей кыздарым бар. Көзүңө жалаңкыч көрүнүп атамбы? Мен жалаңкыч эмесмин… (Кыялдын алдын тороду). Мен сени тиштебейм, эмне качасың. 
(Кыял буйтап кетти). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Киңкилдей күлдү) Милийсага айтам дейт.
МАС КИШИ. (Түшүнгөн жок) Кимди? 
АКОТЧУ АКМАТ. Бизди да. 
МАС КИШИ. (Дагы эле түшүнбөй) Эмне үчүн? 
АКОТЧУ АКМАТ. Сенин закускең үчүн. 
МАС КИШИ. (Жини келди) Эмне, Павлик Морозовсуңбу сен?! (Кызды омуроолоп кекете баштады). О-оо, жарбагыр! Муну мен жакшы көрүп мурдунан өбөйүн десе. Жаагын түлөтө чабыш керек сендей кыздын! Баканооз! 
(Кыял ыйлаган боюнча чуркап чыгып кетти).

 

ОНУНЧУ САХНА

Көлдүн жээгинде, кумдун үстүнө көмкөрөсүнөн түшүп Кыял уктап жатты. Чий куурчагы көлдү карап олтурду. Дөңдөн алагүү болушкан Акотчу Акмат менен мас киши көрүндү.
МАС КИШИ. Эй, карачы, бирөө жатат. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Сөөмөйүн оозуна такады) Чү-үш!.. Акырын. Жанагы жарбагыр тура. 
МАС КИШИ. Эмне болду. 
АКОТЧУ АКМАТ. Будалап туруп сууга ыргытып иебиз. Ким көрдү болот. Уктаган боюнча билбей калат. Бул каскактын көзүн тазалабасак болбойт. Милийсага айткыча жок кылабыз. (Койнунан одеало алып чыкты да, жайып туруп бир четин мас кишиге карматты. Экөө дабыш чыгарышпай Кыялды көздөй басышты. Айланада эч жан жок. Мына, эми эки мас Кыялга жапжакын келип калышты. Бир аздан кийин… Чий куурчак тыбырчылап Кыялды тырмалап ийди. Кыялдын ойгоноор түрү жок. Тиги экөө Кыялга өтө жакын келишти да, одеалону жаба салмакчы болуп тап беришти. Капысынан тигилердин төбөсүнөн сагызган шакылыктап ийди). 
САГЫЗГАН. Кыял! Тур! Өлөсүң!.. 
(Эки мас чочуп кетишип буйдала түшүштү). 
САГЫЗГАН. Кыял! Тур! Өлөсүң!.. 
(Кыял чукуранып чалкасынан оодарылып, акырын көзүн ачты. Эки көлөкө көрүндү көзүнө). 
МАС КИШИ. (Акотчу Акматка) Ойгонуп кетти, тез!.. 
(Эки мас одеалону Кыялдын үстүнө жаба, өзүлөрү да баса жыгылышты. Кыял ордунан шарт ала салып кетти. Тигил экөө бая Кыял жаткан жерди басып калышты. Кыял ордунан ыргып туруп көлдү көздөй чуркады. Эки мас артынан кууп жөнөштү. Кыял көлгө секирип кирип сүзүп жөнөдү). 
МАС КИШИ. (Санын чаап) Аттиң колдон чыгардык, ээ! Эми накта милийсага айтат, соттолуп кетебиз. (Акотчу Акматтын кулагына шыбырады) Атып таштабайсыңбы?!.. 
АКОТЧУ АКМАТ. Азыр! (Мылтыгын жонунан алды). 
МАС КИШИ. (Чочуп кетти) Э-эй, карачы, ай!.. 
(Капысынан Чолпон жылдыз учуп келип Кыялдын чекесине тагылып, балбылдап жана баштады. Кыял асманга учуп кетти). 
КЫЯЛ. (Колун Акотчу Акматты көздөй силкти) Козу бол! (Акотчу Акмат дароо эле көк мээ козуга айланып, маарап ордунда тегерене баштады). 
АКОТЧУ АКМАТ. Мха-мха-мха-аа!..
КЫЯЛ. (Мас кишиге колун силкти) Сү-үф!.. (Анан бир паста көздөн кайым болуп учуп кетти). 
МАС КИШИ. (Эки жагын карап кыйкыра баштады) Ой, Акмат! Пийва мына, закуске кана? 
АКОТЧУ АКМАТ. (Жалдырап) Мха-мха-мха-аа!.. Мхеен козуга ай-ла-нып кха-кха-алдым! Мха-мха-мха-аа!.. 
МАС КИШИ. Ой, Акмат-т!.. Жүрөк күйүп баратат. Закускең кайда, закускең? 
АКОТЧУ АКМАТ. Мха-мха-мха-аа!.. Мхе-ен мхы-ын-да-мкы-ын. Мха-мха-мха-аа… 
МАС КИШИ. (Кыжыры келе баштады) Житип кеттиби ыя. Жүрөгүм күйүп баратат. Эмне кылсам. 
АКОТЧУ АКМАТ. Мха-мха-мха-аа!.. 
МАС КИШИ. (Козуну көрө сала) А-а, мына закуске! Мынабу көк мээ козуну соем азыр! (Чөнтөгүнөн килейген макисин сууруп чыкты). 
АКОТЧУ АКМАТ. Мха-мха-мха-аа!.. Мхе-ен козу эмхе-с-мхи-ин. Ахот-чу Ах-мхат-мхы-ын!.. (Коркконунан шыйрактары титирей баштады) . 
МАС КИШИ. (Макисин белеңден козуну көздөй басты) Таппасаң сыйпалап кал. “Ар-намыстуу жигитке, ажалдуу кийик жолугат” деген ушул. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Шыйрактары титиреп) Мха-мха-мха-аа!.. Мхе-е-ен козу эмхе-смхи-ин! Ахот-чу Ахмхат-мхы-ын!.. (Жалдырап) Байке-бай!.. Бай-ке-бай!.. 
МАС КИШИ. (Кекетип) Өлөөрүңдү билип атасыңбы, байкуш жанынын таттуулугун кантесиң дегеле. 
(Акотчу Акмат жанталаша качып берди). 
МАС КИШИ. Оп-еей!.. Карасаң муну. Сенделген атаңдын оозуна!.. (Макисин жалтылдатып Акотчу Акматтын артынан кууп жөнөдү. Акотчу Акмат жанталаша качып тигиге карматаар түрү жок). 
МАС КИШИ. (Энитигип) Ө-өф!.. Ө-өф!.. Кантип кармайм эми, ыя? (Акотчу Акматтын мылтыгын көрө койду. Шап ала коюп козуну шыкаалады) Атып өлтүрөм!.. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Титиреп, чөгөлөй калып жалдырады) Мха-мха-мха-аа!.. Ат-па, а-та көр-бө-ө!.. Мхе-е-ен Ахот-чу Ах-мхат-мхы-ын! Бай-ке-бай!.. Бай-ке-бай!.. Ата көр-бө-өө өлү-үп кха-ла-ам!.. Бөө-дө өл-үм бо-лом! Жаша-гы-ым ке-ле-ет!.. Жаа-гы-ым ке-ле-ет!.. 
МАС КИШИ. (Мылтыгын сунган калыбында) Эми колго түштүң. (Мылтыкты сундурган боюнча Акотчу Акматка басып келди. Тиги титиреп карап турду. Мас киши козуну шап шыйрактан алды да, дыргаяктатып сүйрөп жөнөдү. Мылтыкты ыргытып жиберди. Козуну жана Кыял жаткан жерге көтөрүп урду. Чөнтөгүнөн бет аарчысын алып чыгып тыбырап аткан Акотчу Акматтын төрт аягын бириктире кармап бууп таштады). 
МАС КИШИ. (Алакан жайып) О-мий-ин!.. Кудай жолуна!.. (Бата кылып, макисин Акотчу Акматтын кекиртегине такады). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Көзүнү жашы буурчактады) Мха-мха-мха-аа! Бил-сең бо-ло, бил-сең бо-ло, ба-ке-бай!.. Мхе-е-ен Ахот-чу Ахмхат-мхы-ын го?!..
МАС КИШИ. (Таң кала түштү) Ом-е-ей, тим эле кишиче ыйлап атат, ай, мобу көк мээ козу. 
АКОТЧУ АКМАТ. Мхе-ен иним-мхи-ин! 
МАС КИШИ. (Кайраттанды) Баары бир боорум оорубайт. Бис-си-милда!… (Макисин Акотчу Акматтын кекиртегинен бир тартып өттү. Кан чыккан жок). 
МАС КИШИ. Иттики. Мокок экен, ээ. (Шымынын курун чечип макисин курчута баштады. Ошол учурда асмандан Кыял көрүндү). 
КЫЯЛ. (Акотчу Акматка) Жан таттуу бекен? 
АКОТЧУ АКМАТ. (Көзүнүн жашы он талаа) Тат-ту-уу, ая-бай тат-ту-уу!.. 
КЫЯЛ. Ошондой! Баарынын жаны таттуу. 
(Мас киши макисин курчутуп бүтүп, кайрадан Акотчу Акматтын оозун кемээчтеди. Тигини көзүнөн жаш көлдөп атты). 
КЫЯЛ. (Колун силкип) Болду! 
МАС КИШИ. (Жаны калбай чочуду) Опе-ей!!.. (Анын алдында колу-буту таңылган Акотчу Акмат жаткан). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Бышактап) өлтүрөсүң, өлтүрөсүң!
(Мас киши макисин ыргытып жиберип үрөйү учуп качып жөнөдү). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Тигини артынан) Э-эй, чечип кет. 
(Мас киши эч нерсени укпай жин тийгенсип качып баратты).
КЫЯЛ. Сү-үф!.. 
(Акотчу Акматтын колу-буту чечилип кетти. Кыял көздөн кайым болду). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Эси оой жалдырап олтурду) Өлүп кала таштадым, ээ!.. (Бышактап) Кайсы жазыгым үчүн?!.. Кайсы жазыгым үчүн?!.. (Кыял учуп кеткен жакка колун кезеди) Жарбаган кыз, шашпа сени!..

 

ОН БИРИНЧИ ХОРЕОДРАМАЛЫК САХНА

Таң куланөөк чалып келаткан учур. Көл бети көгүлжүм агыш жарыкка толо баштады. Ар түркүн канаттуулар уйкудан ойгонуп, ажайып мукам үндөрү менен айлананы күүгө бөлөп жатышты. Көлдүн ортосунда жомоктогудай сулуу эки ак куу бейкапар моюн алышып сүзүп жүрүшөт. Камыштын арасынан кишинин карааны көрүндү. Ал – Акотчу Акмат. Мойнунда жембаштыктай болуп салпактаган дүрбүсү, колунда союлдай болгон мылтыгы. Ал камыштарды чебердеп ачып жыла басып көлгө жакындады. Камыштар бүткөн жерге келип ак кууларга дүрбү салды. Мылтыгын октоду. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Бир аз толкунданып атты) Азыр!.. Азыр!.. (Мылтыгын бетине алып шыкаалап калды. Эки ак куу сүзүп баратышты. Акотчу Акмат мылтыгынын машаасын басып жиберди. Мылтык “тарс!” деп атылып, эмеле моюн алышып бараткан эки ак куунун бирөө канатын сермеп-сермеп алып сунала түштү. Көлдүн үстүндө куштардын чуру-чуусу башталды). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Чечекейи чеч сүйүнүп атты) Кудай берди! (Ошол учурда экинчи ак куу асманга көтөрүлүп учуп жөнөдү). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Мылтыгын дагы октоду) Ка-ап, мунусун колдон чыгардым, ээ!.. (Бир азга карап туруп, анан шашкалактап ордунан ыргып туруп жээкте турган кайыкты сууну көздөй сүйрөй баштады. Ошол учурда учуп кеткен ак куу үнүн аянычтуу чыгарып көл бетинде калган түгөйүнүн үстүнөн тынымсыз айланып уча баштады. Акотчу Акмат кайыкты сууга сүйрөп кирип, көлдүн үстүндө суналып жаткан ак кууну көздөй сүзүп жөнөдү. Асмандагы ак куу аянычтуу үн чыгарып дагы эле чимирик атып атты). 
АКОТЧУ АКМАТ. Карасаң, карасаң тигини… Капырай ушунда да адамча акыл бар, ээ. И-и, эмне кылган турасың? Тигинин жанына консоңчу. Кон эми, кон. (Мылтыгын белендей баштады) Кудай жалгап ушу сени да ажал тартып турат, ээ. 
(Бир маалда ак куу асманга атырылып чыкты да, анан боюн топтой түйүлтүп өзүн ылдый таштап жиберди. Шуулдап келип суналып жаткан түгөйүнүн жанына согулду да, канаттарын сермегилеп көлдүн үстүндө чимирилип калды). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Чочуй түштү) Кудай сакта! Бул эмнеси.  
(Анан ак куу кайрадан суу үстүнөн аркан бою көтөрүлдү да, өзүн кайрадан көл бетине таштады. Бир азга чейин канатын каккылап атты да, анан тынч алып, түгөйүнүн жанына суналып жатып калды). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Таң калып) Өлдүбү?.. Шумдугуң кургур. (Ошол учурда көлдүн жээгинен караан көрүндү. Ал — Кыял) 
АКОТЧУ АКМАТ. Жарбагыр, көрүп калды, ээ!.. 
(Кыял жээкте ары-бери чуркап, анан өксөп ыйлап кумдун үстүнө бети менен жыгылып түштү). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Кабатыр боло түштү) Эмне кылсам?.. (Бир азга буйдала түшүп, анан кайыкты кайра жээкти көздөй айдап жөнөдү. Жээкте жетип, кайыктан түшкөндө, Кыял өпкө-өпкөсүнө батпай буркурап ыйлап аткан).
КЫЯЛ. (Өксөгөн боюнча) Эм-не ат-тың-ыз?.. Эм-не ат-тың-ыз?!.. (Ого бетер буркурады). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Эмне кылаарын билбей айласы кете түштү) Басылчы… кы-зым!.. Басылчы кызым!.. Сен акылдуу кызсың да. 
(Кыял буркурап ыйлап жатты). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Айласы ого бетер кетти) Болду эми, кызым, болду. 
КЫЯЛ. (Өпкө-өпкөсүнө батпай, ичи тызылдай) М-ме-ен, м-мен сиздин кы-зың-ыз эмесмин!.. Си-сиз… жам-ан киши-сиз! (Ого бетер буркурап, үнү кардыга баштады). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Же ак куулардын окуясынын экени, же кыздын абалынан экени, же өзү туш болгон абалдан экени белгиси эмнегедир зээни кейиди) Айланайын кызым, басылып калчы. Мейли, мейли мен жаман кишимин. Сен басылчы. Башың ооруйт. Ыйлабачы!..
КЫЯЛ. (Буркурап-боздоп) Эм-не үчүн ат-тыны-ыз?! Эм-не үчүн ат-тың-ыз?! Сиз-ди атса жак-шы-бы?! 
АКОТЧУ АКМАТ. (Жалынып-жалбарып) Ай-ланайын кызым, басылчы. Басылып калчы эми. 
(Кыял ого бетер ботодой боздоду. Үнү киркиреп, көзү тоодой шишип чыкты. Ошол учурда мас киши оолжуп кирип келди). 
МАС КИШИ. (Мулжуңдап) Ой, Акмат, шыралга! Жайлапсың го. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Жини келип ызырынды) Барчы көзүмө көрүнбөй! Сенсиз да жаным кашайып турат. 
МАС КИШИ. (Чочуп кетти) Ой, мен сага эмне кылдым, ыя?! Эмне олунасың мага?! Же, көрүп калды милийсага айтып коет деп ушу чычкандай кыздан коркуп турасыңбы? 
АКОТЧУ АКМАТ. (Ызырына) Көк мээ!.. 
МАС КИШИ. (Оозуңа карап сүйлө! Корксоң эмне атасың, ыя?!.. Же мен сени ат дедим беле, ыя?! Же, мен сенин колуңдан сүйрөп келдимби. Мен азгырдымбы сени. Өзүң эле: ак куунун сорпосун ичебиз деп ээленип атпадыңбы. И-ий, жолуң болсун сенин! Сотко кетсең сен өзүң кетесиң. Аткан сен! 
АКОТЧУ АКМАТ. (Жаны ого бетер кашайды) Барчы келжиребей! 
МАС КИШИ. (Жулуна) Болду, болду!.. Жарма дос деп койсо, дердеңдебе! Колуң менен кылдыңбы, мойнуң менен тарт! 
АКОТЧУ АКМАТ. (Жаны түтөдү) Кандай акмаксың түшүнбөгөн! Кандай акмаксың!.. Мени коркуп атат деп турасыңбы, мээси жок?! 
МАС КИШИ. (Кыжынып) Тилиңди тарта сүйлө!.. Коркпогондо эмне, сеники бештен белгилүү болуп турбайбы! Акчыланба, баары бир алдыкы кыз айтып таштайт, айтчу жерге. 
АКОТЧУ АКМАТ. (Жини келгенден титиреди) Сени кошо ала жатам! Азгырган ушу деп!.. 
МАС КИШИ. Ит турбайсыңбы, киши эмес эле. Тфү-ү!.. (Тескери бурулуп басып кетти. Ошо бойдон кетип калды. 
Кыял дагы эле ботодой боздоп жатат). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Жалынып жалбара) Айланайын кызым. Кечирчи, Акмат абаңды!.. Мен ит болдум, мен куш болдум!.. Убадамды берем, экинчи мылтык атсам!.. 
(Кыз эч нерсени уккан да, сезген да жок, боздоп ыйлап үйүн көздөй жөнөдү). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Акедей асылып) Эч кимге айтпа-а, э-э, кы-зым? Эч кимге айтпа, э-ээ?!. Мени соттоп ийсе балдарды ким багат. Макулбу кызым, макулбу, айланайын кызым… 
(Кыял унчуккан жок, улам алыстап баратты). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Айласы куруп, чөк түшө, олтура калды) Алда иттики, ай-е!.. Алда ит-тики, ай-е!.. Кайсы шайтан азгырды мени?!.. 
КЫЯЛ. (Күңгүрөнүп) Мо-ко-чо… (Көрүнбөй калды). 
АКОТЧУ АКМАТ. (Күбүрөнүп) Мокочо… Ырас эле, мен мокочомун… (Жалдырап олтурду. Анын карааны чындап эле желмогуз кейиптенип кетти.
Көлдө эки ак куу суналып тып-тынч жатышты).

 

ЭПИЛОГ ОРДУНА

Күн бүркөө. Көлдүн бети сурданып, агыш толкундар 
жээкке келип урунуп жатышты. Адамдын денесин чыйрыктырган абал сезилет. Көлдүн жээгинде чий куурчагын бооруна кыскан Кыял томсоруп турду. Томсоргон көл, томсоргон кыз, бүркөө асман, чексиз мупмуздак ээндик…

БҮТТҮ.

 

Москва, 1990-жыл.

Эскертүү: Айрым сахналарда мультимедалык каражаттарды пайдаланса болот.

 

© Жаныш Кулмамбетов, 1990. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2078