Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Жаныш Кулмамбетов, 2016. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2020-жылдын 16-майы

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Кагылайын, Манасым! — 2

(1952-жыл)

Тарыхый драмалык версия

 

Булардан тышкаары жазуучулар, артисттер, окумуштуулар, партиялык-советтик кызматкерлер, чекисттер, эл катышат.

 

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

 

“МАНАСТЫН” ФЕНОМЕНИ

 

Биринчи баян

Автор. Кыргыз караанынан кагыла турган, сыймыктана турган кереметтери өтө көп. Ошонун ичинен баа жеткиси да, шаа жеткиси да, океандай толкуган “Манас” эпосу. Баяныбызды, кыргыздын гана аң-сезимине сиңген, кулагына жат болгон бул улуу эпостун бир кереметинен баштайлы.

1949-жыл. СССРдин анын ичинде РСФСРдин составына кирген Карел Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын борбору Петрозаводск  шаары. Карело-фин эпосу “Калеваланы” жыйнаган Элиас Лённрот толук китеп кылып  бастырып чыгарганынын 100 жылдыгын майрамдоо учуру болчу. Бул абройлуу форумга төгөрөктүн төрт бурчунан фольклористтер, окумуштуулар, аткаруучулар чогулушкан. Карелияда өтүп аткан юбилейге катышкан Кыргызстандын делегациясынынын составында манасчы Саякбай Каралаев, окумуштуу Зияш Бектенов жана боордош казак элинин кулуну, “Манас” эпосуна биринчилерден болуп теориялык аныктамаларды берген үлкөн окумуштуу, чыгаан драматург жана залкар жазуучу Мухтар Оморханович Ауэзов үчөө бар эле. “Калеваланын” юбилейлик шаан-шөкөтү Петрозаводскинин  Борбордук кино-концерттик залдына өтүп аткан болчу. Көрүүчүлөр залына батпай кыжылдаган толтура эл.

(Майрамдык оюун-зоок жүрүп аткан сахнанын кулисасынын арты. Саякбай, Мухтар Ауэзов, Зияш Бектенов болуп кезек күтүп турушту).

Алып баруучунун үнү. На сцену приглашается киргизский аэд — сказитель эпоса “Манас” Саякбай Каралаев!

At the scene of the Aеdons  invited the Kyrgyz — the narrator of the epic "Manas" Sayakbay Karalaev.

Kohtaus Aedonus kehotti Kirgisian — kertojan eeppinen "Manasin" Sayakbay Karalaev.

In der Szene des Аed lud den kirgisischen — der Erzähler des Epos "Manas" Sayakbay Karalaev.

Зияш Бектенов. (Шыбырап) 20 эле мүнөт айтасыз, Саке.

(Сахна. Саякбай кол чабуулардын коштоосунда сахнага чыкты да, жайгашып олтуруп, залды тиктеди. Жайнаган көздөр. Саякбай бир аз апкаарый түшүп, анан көзүн жуумп бир саамга дымый түштү. Залдагылар манасчынын ар бир кыймылына абай салышып, жаздым кетирбей карап турушту. Саякбай көзүн ачып залдан  ага кунт кое тигилишкен жүздөгөн көздөрдү беттеп “Манасын” баштап ийди).

Саякбай. Атаңдын көрү  дүнүйө.

Арбыды мээнет күнүгө!

Арам Көбөш, Абыке,

Айкөл Манас өлгөндө,

Акырет жайды көргөндө...

Асыл жеңең Канышты,

Алам деген эмеспи,

Айкөлдөн калган тукумду,

Асыраштын ордуна,

Жарам деген эмеспи-и..

(Саякбайдын үнү залды толкундай каптап кирди. Мухтар мене Зияш демдерин ичтерине алышып, кулак төшөп турушту.

Саякбайдын маңдай тарабында радиорубканын ичинде үн оператор орус кыз менен орус жигит олтурушкан).

Үн оператор орус кыз. (Орус жигитти чыканагы менен түртүп) Ты слышишь? (“Манас” айтып аткан Саякбай тарапка башын чулгуп).

Орус жигит. Что случилось?

Үн оператор орус кыз. (Саякбайга таңкала карап) Такой завораживающий голос! (Анан  өз башынан чечип ала коюп, жигиттин кулагына наушникти такады) Послушай.

Орус жигит. ол шилтеп) Да, ну… Бормочит, какой-то абориген, не понятно о чем.

Үн оператор орус кыз. (Саякбайды суктана тиктеп) Нет, ты слушай.

Орус жигит. (Көңүлсүнбөй) Да, убери, не хочу слушать.

Үн оператор орус кыз. Зря, это что-то настоящее… Даже больше чем настоящее. ыз наушникти башына кайра кийди да, ээрип Саякбайды угуп калды.

Сахна. Саякбай күпүлдөтүп “Манас” айтып атты).

Саякбай. Чыгырыгын имерип,

Манастан калган дүрбүнү,

Чын көзүнө жиберип.

Бурамасын имерип,

Буркурап ыйлап жиберип,

Буудандын оозун бурду эле,

Ажалга каршы баскандай,

Айкаша турган арстандай,

Баардыгына бел байлап,

Дүрбүсүн салып турду эле.

Ит-Торпунун жолунда,

 Кезең кырдын оюнда,

Санап көрсөң Тайтору,

Келе жатат кайран мал

Алтымыш аттын соңунда-а-а-а-а...

Автор. Ошол кезде адегенде  Саякбайдын  сөзүнө түшүнбөй,  манасчынын оозун гана тиктеп олтурушкан залдагы эл, бир заматта кыргыз аэдинин кереметтүү үнүнө туткундала башташкан экен. Ошондо залдагы эл былк этпей, ал түгүл көз ирмебей манасчынын шаа жетпеген сыйкырдуу күчүнө баш ийишип, тымтырс туруп, жапрыт дымып угуп жатышты, дейт, “Манасты”.

(Радиорубкадагы орус жигит эмнегедир Саякбайга кунт кое тигилип калды).

Орус жигит. озу ачыла) Интересно… интересно... Что-то магическое есть в голосе этого удивительного человека.

Үн оператор орус кыз. (Мөрөйү үстөм боло) Я же тебе сказала.

(Жигит Саякбайдан көзүн албай  берилип уга баштады.

Саякбай бирде боздоп, бирде сыздап, бирде көңүлү тээ обого чейин көтөрүлүп, бирде күр-шар эткен деңиздей чайпалып, бирде кирген дайрадай күпүлдөп, тынымы жок  айтып атты “Манасын”.

Кулисанын арты. Мухтар менен Зияштын жанында     орус окумуштуусу турган).

Орус окумуштуусу. (Үнүн пас чыгарып, башын чайкап) Вот это масштаб! Я не думал, что до сих пор сохранились такие великие аэды! Это же явление! Я счастлив, что вижу живого сказителя! Причем самого великого! Спасибо тебе, дорогой Мухтар. (Мухтар Ауэзовдун колун кысты).

Ауэзов. (Зияшка башын чулгуп) Им надо спасибо сказать. Они его нашли. С Хусеином Карасаевым.

Орус окумуштуусу. Спасибо, вам, товарищ! Спасибо Карасаеву! (Зияшка колун сунду. Зияш күлмүңдөй тигинин сунган колун кысып койду.

Саякбай күпүлдөтө “Манас” айтып атты).

Зияш Бектенов. (Мухтарга тынчсыздана карап, чөнтөк саатын көрсөтүп) Жыйырма мүнөт өтүп кетти?

Ауэзов. (Алаканын түтүк кылып оозуна такап шыбырай) Саке, убакыт бүттү!

(Транска түшүп, эргип алган Саякбай анын сөзүн уккан да жок).

Зияш Бектенов. (Мухтар менен кошо жарыша шыбырап) Саке, 20 мүнөтүңүз өтүп кетти!

(Күүлөнүп калган Саякбайдын тигилерди уга турган түрү жок эле).

Орус окумуштуусу. Да оставьте вы его в покое, пусть продолжает.

Ауэзов. йласы кетип) Ему выделено всего 20 минут. Лимит закончился.

Орус окумуштуусу. (Саякбайга суктана кулак төшөп) Да, ничего страшного, зато очень интересно.

Ауэзов. (Зияшка) Эми эмне кылабыз?

Зияш Бектенов. (Ийнин куушуруп) Билбейм. Сакем өзү токтомоюнча киши токтото алчу эмес эле.

Ауэзов. (Кыжаалат боло) Залдагылар тажап кетишсечи?

Зияш Бектенов. (Ишенимдүү) Тажабайт. Сакем граждандык согушта жүргөндө, кечкисин оттун боюнда олтуруп алып орустарга “Манас” айтчу экен. Дым чыгарбай угушчу дейт.

Ауэзов. (Эмне айла кылаарын билбей) Анысы жакшы экен, бирок уят да, бизге 20 мүнөт эле бөлүнсө.

(Экөө кыжаалат болуша эргип Манас айтып аткан Саякбайды карап турушту.

Радиорубка).

Орус жигит. ашын чайкап, таң калып) Да-а, такое силище!

Үн оператор орус кыз. үзү кубанычка толуп) Я же тебе сказала! Какой тембр! Какой невероятный голос!

(Кулисанын арты. Тынчсызданган Зияш дагы саатын карады).

Зияш Бектенов. (Мухтарга карап) Эки саат өтүптүр! Бирок, эл тынч угуп атат.

Ауэзов. Булар Европанын калкы да, маданияты жогору, ошон үчүн түшүнүшпөсө да угуп олтурушат.

Зияш Бектенов. Болоору болду. Эми Сакем Тайторусун биротоло чаптырып алсын.

Орус окумуштуусу. (Саякбайга суктанган калыбында) Что за магия, что за гипноз! Это просто чудо! Это просто невероятно!

Автор. Бир аздан соң күпүлдөгөн Саякбай токтоду дейт. Көрүүчүлөр залында анын күңгүрөнгөн үнү жаңырыктап барып басылды дейт. Толкун тарагансып, зал ичи тымтырс болуп, кулак-мурун кескендей жымжырттык өкүм сүрүп калган экен. Саякбай эсине келип, транстан чыгып, анан же туруп кетээрин, же олтуруп калаарын билбей,  орундукка коомай көчүк баскан боюнча эмненидир күтүп калыптыр.

(Кулисанын арты. Мухтар менен Зияштын чый-пыйлары чыгып кетти).

Ауэзов. (Жанын коерго жер таппай, өңү бузулуп, чыйпыйы чыгып) Зияш, бул эмнеси?! Айтпадым беле, эл түшүнгөн жок! Анын үстүнө ушунча создук. Эки саат! Мына, кол чаппай атышат. Уят болдук!

Автор. Зияш да санааркап, дымып турган элди кыдырата карап, Саякбайдын да заманасы куурулуп, чекесинен чыпылдап тер чыгып кетиптир. Анан...  Капысынан зал айсберг урагансып, чарт жарылган экен, кол чабуудан. Көрүүчүлөр жапырт орундарынан сабоодой-сабоодой болуп тура калышып, айлананы жаңырта дүркүрөтө токтобой кол чаап киришиптир.

(Саякбай чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып чыгып, чекесинен чыпылдап чыга түшкөн терин сүртүп, кол чаап аткан элге бир чети таң кала, бир чети кубана карап турду.

Бир нече убакка созулган тынымсыз кол чабуудан соң сахнага шашкалактап Мухтар чыга калды).

Ауэзов. (Аптыга актанып, жылмая, залга карап) Извините, пожалуйста, манасчи, то есть сказитель вышел из лимита. Все эпики такие. Когда они в трансе, они не могут, остановится, теряют контроль над собой. Ведь, он Гомер ХХ века.

Фин  окумуштуусу. (Саякбайга суктана тиктеп кызуу кол чапкан бойдон сахнага чыга калып, орусча акцент менен) Он величайший эпик всех времен!

Ауэзов. (Кубангандан аптыга башын ийкегилеп) Да, вы правы, он величайший эпик всех народов и времен! (Саякбайды ийнинен кучактап кысып койду, өзүнө. Ошол убакта көрүүчүлөр фотокабарчылар шакылдатып, Саякбайды тартып киришти.

Радиорубка).

Үн оператор орус кыз. олу кызыганча алакан чаап) Давай, сильнее хлопать! Давай, его не будем отпускать! Сейчас он уйдет! Я не хочу, чтобы он ушел. 

Орус жигит. ызга жылмая карап) Ты наверное влюбилась в него? (Ал да тынымсыз кол чаап аткан).

Үн оператор орус кыз. ызуулана алакан чаап) Еще бы! Что, мы каждый день видим такого гиганта! Это же невероятный человек!

 

Экинчи баян

Ошондон бир аз өткөндөн кийин. Юбилейлик иш-чаралар өтүп аткан залдын холлу. Кыжы-кыйма эл. Чок ортодо Саякбай, Мухтар, Зияш жана орус окумуштуусу тегеректеген толтура журналисттердин курчоосунда турушту.

Урхо Кайхонен. (Саякбайга кайрылып, микрофон сунуп) Корреспондент государственного радиовещания Карельской АССР  Урхо Кайхонен. Скажите, пожалуйста, вы, сколько строк стихотворного текста выучили, что бы  исполнить этот непомерно большой эпос? Наша «Калевала» состоит, например, около 23000 стихотворных строк.

Мухтар Ауэзов. (Саякбай үчүн жооп берип) Он не заучивает ни одной строки текста. Это полный экспромт, как только откроет рот, все льется как вода.

Урхо Кайхонен. си оогончо таң калып) Как?!. Все это импровизация?!

Мухтар Ауэзов. Да, от начала до конца, тотальная импровизация.

Чет элдик журналисттер. үү эте түшүштү) Тотал импровизион!

Урхо Кайхонен. шеңкиребей) Хорошо. Если это импровизация, то выходит, у этого эпоса нет стихотворного предела?

Мухтар Ауэзов. Да, совершенно верно. Этот эпос зависит от импровизационного дара эпика. Он может сказывать до одного миллиона, двух миллионов, десять миллионов  строк… и так до бесконечности. Потому что «Манас» не имеет ограниченных стихотворных строк. Он бесконечен, как бесконечна наша вселенная. 

Урхо Кайхонен. ндан ары эмне деп суроо берээрин билбей) Это такой феномен!..

Уйилл Скотт. (Саякбайга микрофонун сунду, орусча чала-була акцент менен сүйлөп) Векликобритания. «Файнэншл таймс»[1]. Уйилл Скотт. Скажите, пожалуйста, как вы представляете героев и событий,  когда исполняете этого великого сказания?

Саякбай. Эч нерсени элестетпейм. Оозумду ачканда эле баары өзүнөн өзү эле кино көргөндөй көз алдымдан чубап өтө  баштайт.

Мухтар Ауэзов. Заранее ничего не представляет. Как только откроет рот, все как кинокартина  чередуются сами по себе.

Журналисттер. (Ого бетер күүлдөй түшүштү) О-о!..

Уйилл Скотт. ашын чайкап) Это удивительно?!. Я никогда такого не видел и не слышал.

Орус окумуштуусу. ргип, Саякбайга суктана карап) Я же сказал, это просто явление! Нет слов! Это что-то невероятное! Какие вы талантливые люди! Мы все были поражены! Покорены! «Манас» покорил Европу! Ура-а!.. Спасибо киргизы, что сохранили такого великого искусства! зүнчө эле жетине албай кубанып атты.

Журналисттер окумуштуунун сөзүн кубаттай, бир даары Саякбайды  ар тарабынан сүрөткө, кинокамерага тартып киришти. Аңгыча баягы үн оператор орус кыз келе калды Саякбайдын жанына).

Үн оператор орус кыз. (Блокноту менен карандашын сунуп) Дайте, пожалуйста, автограф.

Саякбай. (Кыжаалат боло түшүнбөй, Мухтарга карап) Анысы эмнеси?

Мухтар Ауэзов. Саке, кол коюп берип коюңузчу, эстеликке деп атат.

Саякбай. А-а... (Кыздын колундагы карандашты алып блокнотко колун коюп бере салды).

Үн оператор орус кыз. Спасибо! (Кыз кубана блокноту менен карандашын колуна кайра алды да, ары жакта аны күтүп турган орус жигитке көрсөтө өйдө көтөрүп, мына дегенчелик кылып силкилдетип, аны көздөй басып кетти.

Саякбай өзгөчө бактылуу эле. Орус окумуштуусу эки муштумун тең түйүп алып, өзүнчө эле кудуңдап кубанып атты, Саякбайды кубаттай карап).

 

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

 

20-КЫЛЫМДЫН КӨЗКАМАНЫ

 

Үчүнчү баян

Автор. Дүйнөдө бир да эпос “Манас” сыяктуу драмалуу тагдырды башынан кечирбесе керек. 1946 – жылы “Манас” эпосунун 1100 жылдыгын өткөрүү белгиленип аткан учур болчу. Кыргызстандын көркөм интеллигенциясы бул датага өтө чоң даярдыктарды көрүп аткан. “Манастын” “Великий поход” деп Москвада басылган орусча варианты 1946 – жылы СССРдин эң жогорку сыйлыктарынын бири болгон Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлгөн (кийинки СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы). Так ошол мезгилде, 1946-жылдын 14-августунда Бүткүл Союздук Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин уюштуруу бюросунун “О журналах “Звезда” и “Ленинград” деген токтому чыгат. Ал токтомдо аталган журналдар кетирген иделогиялык каталар катуу сынга алынган. Ушул токтомдон соң СССРде көркөм-чыгармачыл, илимий  интеллгенцияны каралоо жана жазалоо процесси башталып, жазуучулар, илимпоздор, врачтар камалып, айрымдары атууга кетишкен. Ушул эле жылдын 6-сентябрында “Советская Киргизия”  гезитинде Кыргыз театрларынын репертуарынан орун алган “Манас”, “Айчүрөк”, “Курманбек”, “Жаңыл”, “Манас менен Алмамбет”  сынга алынып, анын залакасы дароо “Манас” эпосуна тийген.

1934-жылы пролетариаттын улуу жазуучусу атанган Максим Горький түзгөндөн тартып, советтик жазуучулар дайыма идеологиялык күрөштүн чордонунда болуп келген. Улуу “Манастын” башына күн түшүп, кыргыздын нукура патриот көркөм интеллигенциясы жанын оозуна кармап, эпосту сактап калуу үчүн болгон күчүн үрөп аткан ошол каргашалуу күндөрдө, советтик системанын саясий-идеологиялык рупору болуп саналган СССР жазуучулар союзунун тутумунда турган Кыргыз жазуучуларынын кезектеги пленуму өтүп жатты...

(Жыйындар залы. Президиумда Борбордук Комитеттин секретары баш болгон жалаң партиялык, советтик кызматкерлер жана жазуучулардын жетекчилери. Залдагы жазуучулардын арасында Саякбай, Молдобасан, Осмонкул, Калык, Алымкул,  Ысмайылдар да олтурушкан. Жыйналышты Аалы Токомбаев алып барып аткан.

Трибунада, Саманкул Жээналиев).

Саманкул. (Бетинен түгү чыгып, сурдана залды кыдырата карап) Жолдоштор!  Угуп-көрүп аткандырсыңар, канча убактан бери, эмне болуп атканын. Улутчул, буржуазиянын куйруктары тымызын арабызга кирип алышып, кыргыз совет адабиятына жамынып алышып, өзүлөрүнүн караниет бузуку иштерин жасап атышканы биртоптон бери карай баарыбызга маалим боло баштады! Зияш Бектенов деген панисламистчил, пантүркистчил окумуштуу сөрөй, жанагы Нанаев менен биригип алып, манасчы, исламчыл Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин варианттарынын негизинде “Манастын” кара сөз менен жазып чыгарып, ислам динин көкөлөтө мактап, анысы аз келгенсип анын адамдан башкача канкордугун жактап, кыргыз совет адабиятына көлөкө түшүрдү!

(Зал дымып калды).

Саманкул. (Жүзү түктөйүп) Даңктаган Манасыбыз ким? Хан! Эмгекчил элдин канын соргон ири феодал! Анысы аз келгенсип, Саякбай Каралаев менен Сагымбай Орозбаковдун варианттарында бир тууган социалисттик Кытайдын борбору Бээжиндин эмгекчил элин басып алып, талоончулук кылып, хандык жүргүзүп жатат! Манасчыларыбыз ханды, баскынчыны, талоончуну мактап-жактап жатышат! Окугула,  “Манастын” Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлгөн “Великий походун”. Көрөсүңөр ошондо Манасыңар ким экенин! Ушулбу биздин социалисттик ”элдик” адабиятыбыз?! Ушундай чыгарманы кантип Сталиндик сыйлыкка көрсөтүүгө болот?!

Аалы. (Кабагын бүркөп коңгуроону кагып ийди) Жолдош Саманкул Жээналиев, жарыш сөзгө берилген убактыңыздан ашып кеттиңиз.

Саманкул. (Кызарып-татарып, ачуусу келе) Жолдош, Аалы Токомбаев, эмне үчүн мага келгенде убакытты  чектеп жатасыз?! Сиз дагы ошол пантүркистчил, панисламистчил манасчыларды, Зияш Бектеновго окшогон, кой терисин жамынган алардын жактоочуларын колдойсуз! Мен билем!

Аалы. (Кызалаңдап) Аны сиз териштирбейсиз, жолдош Жээналиев! Аны териштирчү органдар бар, эгер сиздин жалааңыз чын болсо! (Кескин) Убактыңыз бүттү. Түшүңүз трибунадан!

Саманкул. (Кыжынып) “Кандуу жылдар” деп орус элин жамандап роман жазганыңыз бекер эмес экен да! Карышкырды канча баксаң дагы токойго качат деген орустун сөзү ушул турбайбы!

Аалы. (Кызартып-татарып, кызалаңдап) Мен орус элин эч качан жамандаган эмесмин, жамандабайм дагы! Оозуңузга карап сүйлөп жүрүңүз!

Саманкул. (Ызырына Аалыга карап) Шашпаңыз, сиздин да кезегиңиз келет, жолдош Токомбаев! Көрөм ошондо! 

Осмонкул. (Залдан, ордунан туруп) Ой, Саманкул, болдучу айланайын, баятан бери каргысы жок кабаанак ачууңду агытып атасың, элдин баарына. Сактап койчу, үйгө барганда кереги тиет, катын-балаңга.

(Залдын бир даары дуу күлүп ийишти).

Саманкул. (Осмонкулду акшыя карап) Ким кабаанак?! Мени кабанаак итке теңеген турасызбы?!

Осмонкул. (Кебелбей) Ай, сен кыргыздын сөзүн түшүнөсүңбү, айланайын. Мен сенин өзүңдү кабанаак деген жокмун, сөзүңдү кабаанак деп атам. Капырай, кепке түшүнгөн немеби, мунуңар? (Башын буруп, тегеретесиндегилерди карап койду.

Саманкул эмне деп жооп айтаарын билбей, бозала болуп, ордуна барып олтурду).

Ысмайыл Борончиев. (Борсулдап күлүп) Ой, Осоке-е...

Кыргызстан Борбордук Комитетинин секретары. (Аалы Токомбаевге карап) О чем говорил Осмонкул Болебалаев?

Аалы. Он сказал, что нельзя быть таким злым, человеку следует быть всегда добрым.

Кыргызстан Борбордук Комитетинин секретары. (Башын ийкегилеп) Да, да, разумно, разумно...

Аалы. Сөз Кыргыз ССРинин эл артисти, манасчы Саякбай Каралаевге берилет.

 (Саякбай трибунага чыкты).

Саякбай. (Ошол турган калыбында күңгүрөнүп “Манастын” мотивине салып боздоп туруп төгүп ийди)  Өзөктөн чыккан өрт жаман,

Өздөн чыккан жат жаман,

Туугандан чыккан кас жаман,

Тууруңдан чыккан жат жаман.

Кыргыздан чыккан Көзкаман,

Кылымга калчу сөз жаман!

Саманкул иним аман бол!

Сен түшкөн жол жаман жол!

(Көпчүлүктүн көзү кадалган Саманкул эки жагын карап кыжынып турду. А жазуучулар шатырата кол чаап ийишти).

 

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

 

КОММУНИСТТИК ИНКВИЗИЦИЯ

 

Төртүнчү баян

Автор. 1950-жылдын эрте жазы эле. СССРде көркөм-чыгармачылык, илимий интелллигенцияны жазалоо кампаниясы катуу жүрүп аткан. Түндүн бир оокуму болчу. Фрунзенин жазгы ызгаары али тарай элек. Үрүл-бүрүл тийген айдын муздак жарыгы түнкү теребелди каптап турган. Тээтиги 30-жылдардагы Советтер Союзундагы саясий репрессиянын мезгилинен бери “ворон” деген атка конгон, капкара машина,  кайдан-жайдан чыга калганы белгисиз көчө бойлогон боз тамдын алдына жылып келип токтоду.

(Коюу караңгылыктын ичинен шляпа, плащчан үч киши сабоодой-сабоодой болуп чыга келишти да, үйдүн эшигин тарсылдатып кагып ийишти).

Ракыя. (Колуна чырак кармап ичкериден чыга келди да, тамагын кыра, үнүн акырын чыгарып) Бул ким?

1-чекист. (Жаалдуу) Ачкыла!.. Чекисттер!

Ракыя. (Үнү калтырап) Ким дейсиңер?!.

Жанадил Токчинов. (Каардуу) Ачкыла!. Немедленно!.. А то эшигиңерди талкалап киребиз!..(Ракыя эшикти ачты. Эшик ачылаар замат, сырттан баягы үч киши жулунуп кирип келишти, ичкери).

1-чекист. (Ракыяны кекете) Күйөөң үйдөбү?

Ракыя. (Калтырап) Үйдө, уктап атат.

3-чекист. (Аялдын бетине кагазды такады) Камакка ордер бар!

(Чекисттер Ракыяны четке жапшыра түртүштү да, үчөө тең жарыша ички үйгө кирип кетишти.

Калчылдаганы ого бетер күчөгөн Ракыя ордунан оңолуп туруп, үйдүй көздөй чуркады).

 

Бешинчи баян

Бүлбүл жарык тийип турган үйдүн узун коридору. Эки чекист шыргыйдай болгон узун Зияшты көйнөк-дамбалчаан коридорго сүйрөп чыгышты. Жанадил Токчинов алардын артынан чыкты, китеп, дептерлерди кармап.  Ошол учурда үйгө Ракыя кирип келип калган.

Жанадил Токчинов. (Ракыяга буйрук кыла) Киймин бер!

(Жүрөгү түшкөн аял калдастап ички бөлмөгө кирип кетти).

Зияш. (Эч нерсеге түшүнбөй, селдейип) Айыбым эмне экен?

Жанадил Токчинов. (Китептир бирин ачып карап, кекээрлей) Улутчул экенсиң, манасчыл экенсиң!

Зияш. (Каяша айтканга аракеттенип) Мен окумуштуумун. “Манасты” ошон үчүн изилдеп жүрөм. А өмүрүмдө улутчул болуп көргөн эмесмин.

Жанадил Токчинов. (Дагы эле кекээрлей, колундагы кол жазманы барактап) “Кыргыз адабиятын” жазып жүрүпсүң!

Зияш. (Моюн бергиси келбей) Ооба, кыргыз болсом, тилимди сүйсөм, жазам да, кыргыз адабиятын.

Жанадил Токчинов. (Сөөмөйү менен Зияшты тиги экөөнө көрсөтүп) Мына, улутчулдун, айтаар кеби! Тилимди сүйөм деп атпайбы!

Зияш. (Тигилерге карап) Тилин сүйгөн улутчулдукпу?

Жанадил Токчинов. (Корс) Тилди сүйбөйт, аны сүйлөт!

Зияш. (Дагы эле моюн бергиси келбей) “Манас” кыргыздын байлыгы, анын эмнеси улутчулдук?

Жанадил Токчинов. (Демитип) Эй, неме! Манасың деген бай-манап, түшүнөсүңбү ошону?!

Зияш. Ал элди эркиндикке чыгарган баатыр.

Жанадил Токчинов. ((Ызырынып) Баатыр?! Эмне, сенин “Манасың” коммунистпи, ыя?!

Зияш. (Каяша айтып) Коммунисттер эле баатыр болобу?

Жанадил Токчинов. (Титиреңдеп) Оозуңду тигип коем!.. (Зияштын ээрдин капшыра кармады) Экинчи коммунисттерге сөз тийгизип көр!

Зияш. (Башын ала качып) Жөн эле айттым...

Жанадил Токчинов. (Ызырынып) Жөн эле айтпай жүр – тилиң кесилип калат!

(Зияш кабагын түйө унчуккан жок).

1-чекист. (Келекелей) Эй, окумуштуу сөрөй! Эми түрмөгө олтуруп алып “баатыр”  “Манасыңды” айта бересиң, күнү-түнү.

(Ошол убакта ички бөлмөдөн Зияштын аялы Ракыя чыга калды, күйөөсүнүн кийим-кечесин көтөрүп).

Жанадил Токчинов. (Аялга буйрук кыла) Ташта, алдына!

(Калтыраган Ракыя күйөөсүнүн киймин акырын Зияштын алдына койду).

Жанадил Токчинов. (Жини келип) Кастарлап койгонун кара! (Бутунун учу менен кийимди тээп ийди. Кийимдер чачылып кетти. Коркуп, селтеңдеген Ракыя чачылган кийимдерди шаша-буша жыйнап ала коюп, күйөөсүнө карматты, шымын. Зияш унчукпай киймин кие баштады.

Ошол учурда ички бөлмөнүн босогосунан Зияштын кызы өспүрүм Гүлкайыр көрүндү, сестенген. Аял кызын көрөөр замат, кийимдерди жерге кое коюп, дароо Гүлкайырга  жетти, шашкалактап).

Гүлкайыр. (Эч нерсени түшүнбөсө да сестене) Апа, эмне болду?

Ракыя. (Үнү каргылдана, көзүнө жаш тегерене) Атаңды алып кетип атышат...

Гүлкайыр. (Коркуп) Каякка?!.

Гүлкайыр. (Үнү каргылданган калыбында) Абакка камайбыз дейт... (Үн-сөзсүз кийинип аткан күйөөсүнө тигилди).

Жанадил Токчинов. (Жини келип) Көрсөң!.. Окумуштуу сөрөйдүн катын-баласынан бери ушундай атам тааныбаган сөздөр менен сүйлөшөт!

 Зияш. (Кийийнп атып, кабагын түйүп) Кыргыздын эле сөзү. Түрмөнү абак дейт кыргыздар.

Жанадил Токчинов. (Корс) “Абак” болсо... эми ошол “абакта” чирийсиң, биротоло, сөөгүң сөпөт, устуканың упат болгуча!

(Гүлкайыр көзүнүн жашын чубуртуп, апасын кучактап, кийинип аткан атасын жаштуу көздөрү менен карап турду).

1-чекист. (Зияшты жонунан түртүп) Бас!..

(Зияш сыртты көздөй басты. Чекисттер аны айдап чыгып кетишти).

Ракыя. Эми көргөн күнүбүз эмне болот?!. (Кызын кучактаган бойдон өксөп ыйлап ийди). 

 

Алтынчы баян

Эртеси. Кыргызстан жазуучулар союзу. Аалы Токомбаевдин кабинети. Кабинетте Аалы баш болгон эки-үч жазуучу баштарын бириктирип алышып күбүр-шыбыр болуп атышкан.Аңгыча, кабагы бүркөө Саякбай кирип келди.

Саякбай. (Эшик алдынан эле учурашып) Салоом алейкум, чилистендер.

(Саякбайды көрө коюшуп, жазуучулар орундарынан тура-тура калышты).

Аалы. (Тосо кол алышып) Келиңиз, келиңиз, Саке.

(Жазуучулар Саякбай менен жабыла көрүшүштү. Саякбай креслого көчүк басты).

Кубанычбек Маликов. (Саанаркай, Аалыга суроолуу карап) Биз бара берели?

Аалы. Барып билгилечи, Куке, эмне болуп атканын.

(Тигилер Саякбай, Аалы экөө менен коштошуп сыртка чыгып кетишти).

Саякбай. (Санааркай) Э, Аалы, Зияш Бектеновду түндө НКҮҮ салып кетиптир деп атышат?..

(Аалы эки жагын элеңдей карап Саякбайдын жанына стул кое салды).

Аалы. (Шыбырап) Иш чатак, Саке.

(Саякбай кунт кое угуп калды аны).

Аалы. (Эшик тарапка үрпөңдөй карап, шыбырай) Жанагы Саманкул Жээналиев эми арыз жазыптыр ЦКага: “Манас” феодалдык замандагы хандар менен байларды даңазалаган чыгарма. Кыргыздын улутчулдары аны колдоп жатышат” деп. Ошонун  капшабы тийди Зияшка.

(Саякбай дел боло түштү, муну укканда).

Саякбай. (Оозуна башка сөз кирбей) Ал балаңардын дени-карды соо немеби? Манаска да каршы чыгабы, ыя, наалат тийгир?!

Аалы. (Үрпөңдөп, дагы эле шыбырай, Саякбайды каруусунан кыса кармап) Акырын, акырын, Саке!.. Азыр бир көзүбүз бир көзүбүзгө жоо болуп турат. 37-жыл башталып кетпегей эле деп коркуп атабыз, Саке. Биринчи биздин көзүбүздү тазалайт, улутчулдар, буржуазиячылдар деп туруп. Сизди баш кылып туруп садага чаап коюшат, баарыбызды.

(Саякбай эмне дээрин билбей шалдайып олтуруп калды. Аалы дагы айласы кете жер тиктеп олтурду. Капысынан манасчынын көзүнөн жаш ага баштады. Аалы башын көтөрүп, Саякбайдын көзүнөн жаш агып атканын көрүп чочуп кетти).

Аалы. (Санааркап) Сизге эмне болду, Саке?!

Саякбай. (Жаны ачынып) Атаңдын көрү-ү...кайран бала... Зияшты айтам... көргөн күнү эмне болот эми?! Өлтүрүп коюшат го!

(Жүз аарчысы менен көзүнүн жашын сүрттү, манасчы).

Саякбай. (Күңгүрөнө, күбүрөнө кошуп ийди) Күйүттү башка салган го,

Күн тутулуп калган го.

Азапты башка салган го,

Ай тутулуп калган го.

Атаңдын көрү, арман күн,

Азапты башка салган күн.

Азамат-эрлер кор болуп,

Абакка жатып калган күн!

Айкөлдүн аты кирделип,

Аруусу кетип турган күн.

Аты зор Манас алп үчүн,

Акка моюн сунган күн!

(Аалы Саякбайдын жамагына кулак төшөй тунжурай түштү).

Саякбай. Ант бердим эле айкөлүм,

Атыңды бекем сактайм деп.

Ажал жетип турса да,,

Антымдан эч кайтпайм деп.

Атың өчүп, кордолсо,

Айкөлүм,

Анда, ажалга моюн сунайын!

Айкөлүм,

Атың сенин өчкүчө,

Ажалга беттеп турайын!

(Каңырыгы түтөгөн, жаны күйгөн Саякбайдын жүзүнөн жаш тынбай куюлуп атты).

Аалы. (Жайгарууга аракеттенип) Коюңуз, Саке, эмне болуп атасыз, жарыктык? Маңдайга жазганды көрөөрбүз, сабыр кылыңыз.

(Саякбай башын билинээр-билинбес ийкегилеп, ээрдин кыбыратып, жүзүндөгү жашты жүзаарчысы менен аарчый баштады).

 

Жетинчи баян

МГБнын изоляторунун сурак камерасы. Камерада бети-башы көгала болгон, кийми дал-далынан тытылган Зияш Бектенов тергөөчүгө сурак берип жатты.

Тергөөчү. (Кекээрлеп) Тарыхчымын дейсиңби?

Зияш. (Онтолоп, оорудан тунарган көзү менен тигиге тигиле) Адабият тарыхчысымын.

Тергөөчү. (Көзүн акшыйтып, тигини кекетип-мокото) Эмне үчүн анда кыргыз совет адабиятынын тарыхын жазбайсың?! Каяктагы бир бай-манап феодалды, ханды мактаган жомоктун тарыхын жазып олтурасың?!

Зияш. (Кеберсиген ээрдин колу менен акырын сыйпалап) “Манас” жомок эмес, ал кыргыз элин эркиндикке чыгарган баатыр.

Тергөөчү.  (Чакчалаңдап, Зияшты демитти) Кайсы элиңди айтып атсың?!.

Зияш. (Зорго үн катып) Кадимки эле кыргыз элин.

Тергөөчү. (Көзүнүн чаарын чыгара) Эй, “жомокчу”, эл деген эзелтен бери экиге бөлүнөт, билесиңби, ошону?!. Эзилүүчү жана эзүүчү болуп. Сен кайсынысынын эркиндигин айтып атасың?! Эзилүүчүсүнүнбү, же “эзүүчүсүнүнбү?”

Зияш. (Зорго сүйлөп) Мен жалпы эле кыргыз элинини эркиндигин айтып жатам.

(Тергөөчү капысынан ызырынып, Зияшты алка жакадан капшыра кармады).

Тергөөчү. (Зияшты өзүнө булка тарта, акшыңдай чаңырып) Карапайым кыргызды эркиндикке Ленин чыгарган! Ленин!.. А сенин Манасың феодал! Хан! Карапайым элдин канын соргон бай-манап! А сен – интеллигент сөрөй — эскинин саркындысысың! Кой терисин жамынган карышкырсың! Сенин атаң бий! А сен, эски заманды көксөгөн, эл душманысың! (Зияштын башын столго жапшыра басып, аны чыканагы менен долулана ныгырып кирди. Ооруганына чыдайбай Зияш бети-башын тырыштырып, онтолоп ийди).

Тергөөчү. (Ого бетер ызырынып) Онтомоктон өлүп кет! Сендей буржуазиячыл улутчулдун өлгөнү аздык кылат! (Долуланып, тигинин башын  кайра-кайра столго ныгыра басып) Менин эркимде болсо, азыр эле сени дубалга тактап туруп, ит аткандай атып салмакмын! Садага чапмакмын, сендей акмакты, Ленинге! Партияга! Октябрь Революциясына!

(Зияш ооруганына чыдай албай онтолоп атты).

Тергөөчү. (Ызырынып) Моюнуңа аласыңбы?!.

Зияш. (Алсыз кыңылдап) Эмнени?

Тергөөчү. (Ызырынып) Кой терисин жамынган душман экениңди? Бийдин уулу экениңди?!

Зияш. (Үнүн чыгарууга араң жарап) Мен душман эмесмин.

Тергөөчү. (Кекете) Душман эмессиң, ээ?!

Зияш. (Араңдан зорго ооз ачып) Ооба...

Тергөөчү. (Зияшты ого бетер демите) А “Манасты” жазып аткан улутчул экениңчи?!.

Зияш. (Жооп берүүгө араң-дан зорго жарап) Мен улутчул эмесмин, мен окумуштуумун.

Тергөөчү. (Чаңырып) Сен улутчулсуң!.. Сен буржуазиянын куйругусуң!.. Пантүркистчил, панисламистчил акмаксың! (Зияшты алка жакадан алып тургузуп, анан керилип туруп жаактан ары басып калды. Алсыз Зияш стулдан шалак эте кулап түштү жерге. Былк этүүгө дарманы жок муздак полго сулк жатып калды, ал).

Тергөөчү. (Чаңырып) Тур!..Акмак!.. Тур!..

(Зияштын кыймылдоого да дарманы жок эле).

Тергөөчү. (Көзүнүн чаарын чыга Зияшты жек көрө карап) Анткорлонгон акмак, тур деп атам мен сени!.. (Тажааладана жерде сулк жаткан Зияшты оңду-солду тепкилеп кирди.

Ошол учурда камеранын эшиги ачылып, сырттан көзөмөлдөөчүнүн (надзиратель) коштоосунда Саманкул Жээналиев менен    Жанадил Токчинов кирип келди).

Саманкул. (Ого бетер шыкактап, төргөөчүнү) Катуу-катуу тебиңиз, мындай анткорду! Ыргып турат.

Жанадил Токчинов. (Колун көтөрүп) Болду, болду!..

(Зияшты тепкилеп аткан тергөөчүнү тыйып койду. Бирок, истерикага түшүп алган тергөөчүнүн басылаар түрү жок эле. Көзөмөлдөөчү аны белинен кучактап, улкунуп-жулкунганына карабай, жерде кыймылсыз шалдайып жаткан Зияштан алыстатып алып кетти. Тергөөчү дагы эле улунуп-жулунуп, тепкиленип, араңдан зорго токтоду).

Жанадил Токчинов. (Зияшка тигилип, кунт кое карады) Бул неме өлүп калган жокпу, ыя?

Саманкул. (Зияшты жаман көзү менен карап) Өлбөйт, мындай буржуазиянын куйруктары.

Тергөөчү. (Ызырынып, үстүндөгү кийми-башын оңдоп-түзөп) Өлүп калса, мындай акмактын өлүгүн сүйрөтүп барып, ит-кушка талатып салса да аздык кылат!

(Көзөмөлдөөчү чөгөлөп олтура калып Зияштын тамырын кармады).

Көзөмөлдөөчү. (Токчинов менен тергөөчүгө карап) Бүлкүлдөп согуп атат.

Тергөөчү.  (Ызырынып) Булар ушундай ит жандуу акмактар!

Саманкул. (Мөөрөйү үстөм боло) Айтпадым беле, буларың өлбөйт, дегеле. Ошон үчүн отуз эки жылдан бери жое албай атпайбызбы, эскинин калдыктарын.

Жанадил Токчинов. (Тергөөчүгө карап) Эмне метод колдонуп атасың, мойнуна алдырыш үчүн?

Тергөчү. (Зияштын көнөктөй болгон бетин көрсөтүп) Көрүп турбайсызбы, эмне метод колдонгонумду. Мындан тышкаары тамак бердирбей өзөөртүп атам.

Жанадил Токчинов. (Кабагын бүркөп) Ошондо да мойнуна албай атабы?

Тергөөчү. (Зияшты жек көрө карап) Ооба, аябай көгөрүп атат.

Саманкул. (Башын чайкап) Танып аткан турбайбы,бети жок!

Жанадил Токчинов. (Кабагын түйүп) Эмне кылып мойнуна алдырган атасыз, анан?

Тергөөчү. (Ийнин куушуруп) Билбейм.

Саманкул. (Кытмыр күлүп) Тырмагынын алдына мык какпайсыңарбы, жалынып-жалбарып туруп мойнуна алат.

Көзөмөлдөөчү. (Саманкулга таң кала карап, башын чайкап койду) Сизден жакшы кыйноочу чыкмак экен. (Күлүмүш этип) Органда иштесеңиз болмок экен.

Саманкул. (Мышмыңдап күлдү) Ансыз деле силерге жардам берип атпайымбы, момундай жаңы замандын душмандарын таап берип.

Жанадил Токчинов. (Саманкулга карап) Эми мойнуна албаса, сиз айткандай тырмагынын алдына мык кагыш керек!

Саманкул. Жаман, манасчылдыгына не бересиң, өлө албай жүрүп. (Жек көрө тээп койду Зияшты.

Зияш сулк жатты).

 

Сегизинчи баян

Кыргыз ССРинин МКМсынын (МГБ) алды. Эки кабаттуу бозоргон имараттын фасадында “Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук министерствосу” деген кочкул кандуу түстөгү такта илинген. Эшикте жаз экенине карабай ызгаар эле.

Имараттын алдына Кубанычбек Маликов баш болгон баягы эки-үч жазуучу жазгы ызгаардан плащтарынын жакаларынн көтөрүп, бүрүшүп турушту, эки жактарын үрпөңдөй карашып.

Жазуучу. (МГБнын имаратын жүрөксүнө тиктеп) Кубанычбек, кире албайбыз, биякка?

Кубанычбек Маликов. Эгер, силер чочулап турсаңар, анда бара бергиле. Мен өзүм кирип чыгам. Камаса мени кошо камасын! (Анан тигилердин жообун күтпөй МГБнын имаратын көздөй чечкиндүү кадам шилтеди. Жазуучулар бир азга ыргылжың боло түшүшүп, анан Кубанычбектин артынан жабыла басышты. Ошол учурда имаратты көздөй эки офицер келатышкан. Жазуучуларды көрүшүп токтой калышты).

МГБнын офицери. (Сузтая Кубанычбекке карап) Сиз кимге келдиңиз эле?

Кубанычбек Маликов. (Мукактана) Түндө... биздин бир окумуштуубуз... Зияш Бектеновду кармап кетишкен экен...

МГБнын офицери. (Үнү ого бетер өзгөрүп, катаалдап) А сиз эмнеге келдиңиз?Кубанычбек Маликов. (Жалтайлап) Биз... ошол Бектеновдун кабарын алалы дедик эле.

МГБнын офицери. (Үнү андан  бетер катаалдана) Силер кайсы мекемеге келгениңерди билип атасыңарбы?

(Жазуучулар бүжүрөй түшүштү).

Кубанычбек Маликов. Ооба... ЧеКа...

МГБнын офицери. (Так кесе) Билсеңиз ошол, биз мамлекеттин коопсуздугун  сактаган органбыз, стол справок эмес! Керек болгондо, Бектенов тууралуу маалыматты коомчулук өзү билип алат. Жетиштүүбү? (Сурдана тиктеди тиги жазуучуларга).

Кубанычбек Маликов. (Оозунан келмеси түшүп) Түшүндүк... түшүндүк...

МГБнын офицери. (Өкүм) Баргыла, жолдоштор, өз ишиңерди кылгыла!(Кубанычбек баш болгон жазуучулар жалтакташып, артын кылчак-кылчак карашып, топурап жөнөштү. Офицерлер имаратка кирип кетишти. Ошол убакта МГБнын имратынын  ичинен Саманкул Жээналиев чыкты, мойнун буканыкындай буркуйтуп, жанында эки-үч жолдошу менен. Маликов менен кетип баратышкан жазуучулар Саманкулду көрө сала коркуп кетишти).

Жазуучу. (Жүрөксүнө Кубанычбекке шыбырап) Саманкул... Бизди көрдү!

Кубанычбек Маликов. (Кабагын чытып) Көрсө көрсүн. Сыр бербе, биз жөн эле баратабыз.

Жазуучу. Анда эмне кылабыз?

Кубанычбек Маликов. (Үнүн өктөм чыгарып) Баскыла.

(Астыртан жүрөксүнө Саманкул тарапка тигилишкен жазуучулар кыйпычыктап жаман боло түшүштү).

Саманкул. (Тигилердин артынан кыйкырып) Ай, Кубанычбек.

(Тигилер токтой калышты. Саманкул Эшимаалы жана дагы бир киши менен басып келди. Эки тарап бири-бирине бет келип, тирешкен сымал туруп калышты).

Саманкул. (Текеберсине) И-и... салоом алекимдер.

(Кубанычбек тарап үзүл-кесил алик алышты).

Саманкул. (Кекээрлеп) И-и, улутчул, пантүркистчил коллегаңардын дайнын билейин деп келгенсиңер го?

(Саманкулдун тарабы тигилерге мыйыктарынан мыскылдай күлүп калышты. Кубанычбек тараптагы жазуучулар баштарын жерге салышып, унчугушкан жок).

Саманкул. (Кабагын түйө) Мен азыр эле Бектоновуңардын бетине коюп чыктым, баарын!

(Кубанчбектин жазуучулары селтеңдешип, жүрөксүнө Саманкулга тигилишти).

Саманкул. (Тигилерге ого бетер сурдана карап) Эчки тууй албай атып, койго арачы болуптур дейт, билесиңерби ошону? Бектеновго арачы түшкөндү коюп, өзүңөрдү ойлосоңорчу. Керек болсо, силер да ушинтип түрмөдө чирип каласыңар, кылган кылыгыңар үчүн! Эй, Маликов, сен өзүңдү сүттөн акмын деп турасыңбы, ыя?! Канча жолу Манасты мактап жаздың эле?! Аалы, Жусуп, Жоомартың баш болуп, “Айчүрөктүн”, “Манастын” либреттосун жазганыңарды унутуп койдуңарбы?! Эч ким унутпайт, андайды!  (Кубанычбекти  жекире, сөөмөйүн кезеди. Саманкул тараптагылар ачык кубаттап турушту аны.Кубанычбек кабагын түйүп унчуккан жок).

Саманкул. Айтып коеюн, Кубанычбек... (Маликовду көзгө сайып ийчүдөн бетер сөөмөйү менен демитти) Бектеновду бошото албайсыңар! Ал хан Манасыңарды, бай Манасыңарды даңктаган, жер-сууга тийгизбей мактаган жеткен буржуазиячыл улутчул окумуштуу. Бийдин тукуму! Андай буржуазиячыл окумуштууга советтик илимден орун жок! Анын орду – түрмөдө! Силердин ордуңар да түрмөдө! Силерге да кезек келет! Шашпай тургула!

(Ушуну айтты да, сурданган шарт бурулуп, дугдуңдай басып, тротуарга түштү. Жанындагылар кошо ээрчий басышты аны. Өң-алеттен кеткен жазуучулар Саманкул тарапты карап, ындындары өчүп турушту).

Кубанычбек Маликов. (Тигини узата айласы кете акырын) Ак ийлиет, бирок сынбайт...  (Жазуучуларга карап) Бектеновдун иши ак. Ал накта советтик окумуштуу. Бул жаңылыштык, Саманкулдуку куру жалаа. Баары бир Бектенов акталат.

(Жазуучулар Кубанычбекке астыртан ишеңкиребей карашты).

 

Тогузунчу баян

Филармониянын ичи. Эл аспаптар оркестринин кезектеги концертинин репетициясына даярдык жүрүп жаткан. Дирижерлук пультта Шейше Орозов. Ал партитурасын барактап, музыканттарга бир сыйра көз чаптырып атты. Карамолдо сахнада жайланышып олтуруп комузун күүгө келтирип аткан.

Шейше Орозов. (Карамолдого) Молдоке, баштаңыз.

(Карамолдо “Сынган бугуну” чертип кирди.

Шейше күүнү угуп көшүп калды. Кулисанын артында турган айрым артисттер да Карамолдонун черткенине кулак төшөшүп дымый түшүтү. Аңгыча залга филармониянын директору менен Жанадил Токчинов кирип келишти да, залга бир аз байыр алып туруп калышты).

Жанадил Токчинов. (Дирижерге сурдана ээгин өкчөп) Мунуңар ким?

Директор. (Бөжөңдөп) Дирижер.

Жанадил Токчинов. (Сурданган калыбында) Бул эмне иш кылат?

Директор. (Дагы эле бөжөңдөп) Ушул киши башкарат эл аспаптар оркестри менен эл шайырларынын тобун. А тиги, комуз чертип аткан кадимки, атактуу Карамолдо Орозов.

Жанадил Токчинов. (Бурк этип) Болуптур. (Пультта күү угуп көшүп турган дирижерду жаман көзү менен атып ийчүдөй бир тиктеди да, шарт-шарт аны көздөй басып жөнөдү. Жанадил Токчинов дирижерлук пульттун жанына келди. Директор тигинин артынан кошо бөжөңдөп ээрчип келе калды. Жанадил Токчинов сахнада күү чертип жаткан Карамолдого үтүрөйө карап, жаман көрүп турду бир паска. Саламга да келген жок).

Директор. (Чебелектеп) Шейше Орозович, репетицияңызды токтото туруңузчу. Сүйлөшө турган сөз бар, андан кийин улантасыз.

Шейше Орозов. (Карамолдого карап) Молдоке, эс ала туруңузчу, бир аздан кийин кайра баштайбыз.

(Карамолдо күүсүн токттотту да, комузун көтөрүп, сахнадан чыгып кетти. Жанадил Токчинов сахна тарапты жаман көзү менен тиктеп турган).

Шейше Орозов. Каякка барабыз?.

Жанадил Токчинов. (Чорт-чорт буйрук бере) Ушул жерден эле сүйлөшөбүз.

Директор.  (Токчиновго жалпалаңдай карап) Шейше Орозович, бул киши, Жанадил Токчинов, коопсуздук министрлигинин жооптуу кызматкери.

(Шейше Орозов муну укканда селт эте түштү. Токчинов болсо башын да ийкеп койгон жок. Өңү  таштай катып, дагы эле сахнаны бир далайга чейин жаман көзү менен тиктеп турду).

Жанадил Токчинов. (Чорт) Сөз мындай, мындан ары манасчыларыңарды концертке чыгарбай турасыңар. Только комузуңарды черте бергиле.

Шейше Орозов. (Таң кала) Эмне үчүн? Манасчыларсыз кандай концерт өтөт?

(Токчиновдун куйкасы куруша түштү).

Жанадил Токчинов. (Дирижерду жекире карап) Манасчылар менен киндигиңиз туташып калды беле, сиздин?!

Шейше Орозов. (Жалтактай сүйлөп) Жок... анан... эл манасчыларды уккусу келсе... кандай болот?..

Жанадил Токчинов. (Дирижерду көзүнүн чаарын чыгара карап) Элди ушинтип бузуп атасыңар, силер, “Манас” угузуп! Эски заманды мактап! Каяктагы бир бай-манап баатырларды, хандарды жактап! Душмандын баары ушуякка топтоп алыпсыңар, силер!  

(Директордун жүрөгү түшүп бүрүшө түштү).

Шейше Орозов. (Каяша айтканга араң батынып) Булар – өнөрпоздор. Булардын иши ырдаш. Комуз чертиш, “Манас” айтыш...

Жанадил Токчинов.  (Шейшени кекетип) Сиздин атыңыз ким?!.

Шейше Орозов. Шейше.

Жанадил Токчинов. (Үнүн өктөм чыгарып, көзүн чакырайтып) Фамилияңыз?!

Шейше Орозов. (Жалтактап) Орозов.

Жанадил Токчинов. Орозов?!. Эмне, мунуңар да Орозовбу?! (Директорго акырая карап) Эмне үчүн ата-баланы бир жерге кызматка алгансыңар?!

Директор. (Безилдеп) Булар, ата-бала эмес. Фамилиялары эле окшош. Экөөнүн туугандыгы да караманча жок. Карамолдо Орозов Көлдүн Корумдусунан. А бул, Шейше Орозов Түптүн Токтоянынан. Экөөнүн уруулары да эки башка.

(Токчинов тигинин сөзүн нааразы боло угуп турду).

Жанадил Токчинов. (Катаал) Эмесе мындай, жолдош... Шейше Орозов!  (Фамилиясына басым жасай сүйлөдү) Өнөрпоздоруңарды жакында бүт теске салабыз! Ненадежныйларынын баарына чара көрөбүз! Экинчи эстеринен кеткис кылабыз! Уктуңузбу, жолдош дирижер?!

(Шейше эмне дээрини билбей башын ийкегенге гана араң жарады).

 Жанадил Токчинов. (Ызырынып) Кокус манасчыларды концертке чыгарсаңыз – керт башыңыз менен жооп бересиз!

Шейше Орозов. (Кайпактап) Түшүндүм, түшүндүм...

Жанадил Токчинов. (Шейшени жеп жиберчүдөй карап) Сиз мага антип кайпактабаңыз! Айтылдыбы – аткарыныз! Болбосо – башыңыз кетет!

(Токчинов Шейшенин реакциясын күтпөстөн эле артына шарт бурулду да, эшикти көздөй жөнөдү. Филармониянын директору артынан кошо шашты, калдалаңдап. Кабагы бүркөлүп, ындыны өчкөн дирижер  Токчиновду узата карап турду да, анан үшкүрүнүп алып, шалдайып олутуруп калды).

 

Онунчу баян

Филармониянын фоэси. Эки манасчы – Молдобасан Мусулманкулов менен Саякбай эмнегедир кабатыр боло аркы-терки басып жүрүшкөн.

Саякбай. (Жаны кейип) Ошол, Молдоке, байкуш Зияшты көгөла койдой союп сабашыптыр, пантүркисттсиң, панисламисттсиң деп, дагы кимдер менен табакташ элең, мойнуңа ал деп.

Молдобасан. (Кейип) Ай, курган бала, ай.

(Ошол убакта Токчинов менен директор залдан фоэге чыга келишти. Эки манасчыны көрүп эле Токчинов, кабагын катуу чытып, эмнегедир көрмөксөнгө сала эшикти көздөй умтулду. Саякбай сөзүн токтото калып, бүшүркөп тигини карап калды).

Саякбай. (Токчиновдун артынан үн катып) Ай, Жанадил.

(Жанадил токтоп, артына бурулуп, Саякбайга суроолуу тигилип калды).

Саякбай. (Дагы эле бүшүркөп) Жанадилсиңби?

Жанадил Токчинов. (Керсейе, ыңгырана сүйлөп) Ооба.

Саякбай. Саламдашпайсыңбы, анан. Же мени тааныбай калдыңбы?

(Молдобасан экөө тигини көздөй басып келишти).

Жанадил Токчинов. (Үтүрөйгөн калыбында, салам бергиси келбей) Тааныдым...

Саякбай. (Токчиновго кол узата) Салоом алейкум, анда.

(Жанадил Токчинов дагы эле ыңгырана колунун учун араң узатып, Саякбайды жактырбай саламдашты).

Саякбай. (Молдобасанга кайрылып) Молдоке, бул бала Көлдүн көкүрөгүнөн,  Токчубай дегендин уулу. (Кайра Токчиновго карады) А бул киши атактуу манасчы Молдобасан Мусулманкулов болот.

Директор. (Чый-пыйы чыккан сөзгө дароо аралашып) Жолдош Каралаев, жолдош Токчинов шашып турат.

Саякбай. Токчинов?.. (Жанадилге бүшүркөй тиктеп калды).

Директор. (Шак-шак этип жооп берип) Ооба, Жанадил Токчинович. Сиз менен жай сүйлөшкөнгө убактысы жок, азыр. Мамлекеттик маанилүү иштер менен жүрөт, бул киши.

Саякбай. (Жанадилге сынай тигилип) А-а... иши кылып, аман бол анда.

(Сурданган Жанадил тигилер менен коштошпой эле эшикти көздөй бет алды. Директор артынан бөжөңдөп кошо ээрчип кетти).

Саякбай. (Тигини узата карап) Бул балага эмне болуп калган, керсейип эле сүйлөөр-сүйлөмөксөн болуп ыңгыранып калыптыр? Чоң кызмат колуна тийген го?..

Молдобасан. (Башын чайкап) Көзү жаман экен, каапырдын. Бул далайдын түбүнө жете турган неме  окшойт.

(Экөө Жанадил менен директор сыртка чыгып кеткиче узата карап турушту).

Саякбай. (Мыйыгынан жылмая) Молдоке, мен сизге бир кызык окуяны айтып берейин. Кыргыз муздрам театрына артист болуп келип калганыма так ушул Жанадилдин атасы Токчубай себепкер болгон. Мага ынак теңтуш болуп жүрчү. Көрсө, менин ордума көз артып жүргөн окшойт, курган неме,  “Селсебеттигин аткарбай “Манас” айтып жүрөт” деп, Касым Тыныстановго мени жамандап, тымызын арыз жаза коюп. Аны кийин угуп жүрбөйүмбү. Анда мынабул уулу Жанадил он бир он эки жаштагы кичинекей бала болчу.

Молдобасан. (Ойлуу  тунжурай) Алма шагынан алыс түшпкөн эмес тура, анда...

Саякбай. Аныңыз чын, Молдоке. Селсебет кезим. Айыл аралап келаткам...

(Молодобасан кунт кое угуп калды).

 

Он биринчи баян (Саякбайдын аңгемеси)

1920-жылдардын аяк чени. Айылдын ичи.

Жанадил менен курбусу Жумаш жакалашып атышкан. Жанадилдин башында кызыл жылдызы бар эски буденовка. Урушуп атышкан экөөнү тегеректеген калган эки бала тигилерди ажыраштыра албай убара болуп турушкан.

Жанадил. (Жумашка ызырынып) Өлтүрөм!.. Өлтүрө албасам элеби, сени?!. Шашпа!

Жумаш. (Бозала боло жакасынан Жанадилдин колун чыгарууга аркеттенип) Мен сага эмне кылдым?!

Жанадил. (Тигини ого бетер муунта кармап) Эмне кылганыңды ошондо көрөсүң! Атамдын мылтыгын алып келип туруп, апаң экөөңдү тең дубалга такап туруп, атып таштайм! Жоготом, силерди, биротоло!..

(Ошол учурда тигилердин жанына Саякбай келип калды, отуздардын тегерегиндеги).

Саякбай. (Тигилерге карап, үнүн көтөрө) Ай, балдар, эмне болуп атасыңар?

(Саякбайды көргөндө Жанадил менен Жумаш бир аз жоошуй түшүштү. Бирок Жанадил Жумаштын жакасынан колун алган жок).

Арачы түшкөн бала. Экөө урушуп атышат, кой десек болбой.

Саякбай. (Тиги экөөнү карап) Эмнеге урушуп атасыңар?

Жумаш. (Жоошуй түшкөн Жанадилдин колун жакасынан чыгарып) Бул өзү эле... менин китеп баштыгымды алып туруп, кайчы менен кескилеп салыптыр.

Саякбай. (Жанадилге карап) А сен эмне анттиң?

Жанадил. (Кызалаңдап) Бул деген кулактын баласы да! Мунун советтик мектепте окугунга акысы жок!

Саякбай. (Таң кала) Аны сага ким айтты?

Жанадил. Атам айткан.

Саякбай. И-и?.. И-и?.. Токчубайбы?

Жанадил. Ооба. Анан, мектепке келбесин деп, китеп баштыгын кескилеп салсам, апасына айтып барыптыр, бул. (Ого бетер кызалаңдап) Апасы келип мени урушат, тартиби жок бейбаш бала экенсиң деп...

Саякбай. (Ойлуу) Түшүндүм, түшүндүм. Койгула эми балдар, урушпагыла. Урушкан жаман болот. Силер бир туугансыңар да.

Жанадил. (Ого бетер кызылаңдап) Мен буга бир тууган эмесмин!

Саякбай. (Эки балага карады) Бир айылдаш болгондон кийин, бир туугансыңар да баарыңар. Андан көрө элдешкиле.

Жанадил. (Көгөрүп) Мен муну менен элдешпейм!

Саякбай. (Таң калып) Эмне үчүн элдешпейсиң?

Жанадил. (Жумашты жек көрө карап) Бул деген тап душмандын баласы. Булар жоголмоюнча биздин жашоо  оңолбойт!

Саякбай. (Таң калып) Аны да атаң, Токчубай айттыбы?

Жанадил. (Кабагын карыш салып) Ооба. Бул деген: “Биздин мал-жаныбызды ортолукка алып куруткан силердин совет бийлигиңерди “с...” деген болчу.

(Саякбай башын жерге салып турган Жумашка тунжурай тигилди).

Саякбай. (Эмне деп айтаарын билбей) Ай, балдар, балдар, баласыңар да... Эмитен минтип жоо болбогула, кокуй. Кайра достошуп жүрбөйсүңөрбү, кыргыз деген аз эл...

Жанадил. (Керсейе, Жумашты жаман көзү менен карап) Бул өзүнүн кулактарынын балдары менен достошсун!

(Саякбай тигилерди эмне кылып жараштыраарын билбей турду).

Саякбай. Жүргүлө, тээтиги дөңгө барып мен силерге  “Манас” айтып берейин, угасыңарбы?

(Үч бала дароо жандана түшүштү).

Жанадил. (Мойноп) Мен укпайм.

Саякбай. (Таң калып) Эмнеге?

Жанадил. (Кабагын бүркөп) Манас деген... хан... ал бай-манап...

(Саякбайдын келмеси оозунан түшүп калды.  Бир паска тигини карап оозуна сөз кирбей турду, анын).

Сакябай. (Эмне деп айтаарын билбей) Мейли, мейли, чунак бала өзүң бил, бирок антип айтпай жүр, экинчи... “Манас” деген кыргыздын энчиси...

(Жанадил дулдуйган бойдон унчукпай басып кетти, чаң көчө менен, китеп баштыгын салпактатып).

Саякбай. (Шагы сына) Анда силерге айтып берейин, жүргүлө.

(Үч бала Саякбайдын артынан түшүштү).

 

Он экинчи баян

Филармониянын ичи. Дирижерлук пультта Шейше Орозов.

Шейше Орозов. (Ындыны өчүңкү) Манасчылар, сахнага чыккылачы. Молдоке, Саке, биякка келгиле.

(Сахнага кулисанын аркасынан Молдобасан менен Саякбай чыгышты да, экөө эки стулга көчүк басышты).

Молдобасан. (Дирижерго карап) Кимибиз баштайбыз?

Саякбай. Сиз баштаңыз.

Шейше Орозов. (Эки манасчыдан көзүн ала качып) Молдоке, Саке, баштабай кое тургула. Бир иш болуп калды... (Сөзүнүн ары жагын айта албай дирижер буйдала түштү. Эки манасчы тигинин андан аркы сөзүн күтүп туруп калышты).

Шейше Орозов. Тиги... мындан бир аз мурда эле... мамлекеттик коопсуздук министрлигинен өкүл келип... көрсөтмө берип кетти... (Дирижерго андан аркы сөздү айтыш өтө оор эле) Манасчылар... убактылуу... концертке катышпай туруш керек дейт.

(Эки манасчы селт эте түшүштү. Кулисанын артында жанатан кожу-кужу болуп  турушкан артисттер да тып басылышып, үрпөйүп, тигилер тарапка кулак түрүп калышты).

Саякбай. (Ындыны өчө) И-и... Жанадил Токчубев жайлаган экен бизди.

Молдобасан. (Шалдая башын жерге сала) Ал каапырдын көзү бузук турбайбы.

(Бир саамга оор тынчтык өкүм сүрө түштү).

Саякбай. (Шейшеге карап, ындыны өчүңкү) Биз анан... мындан ары чыкпайбызбы, эл алдына?

(Кулисанын атындагы артисттер тигилердин сөзүн дымып угуп калышты).

Шейше Орозов. (Тайсалдап) Саке... аны мен азыр айта албайм... Эмне үчүн экенин мага түшүндүргөн жок. Көрсөтмө гана берди, ошентип.

Саякбай. (Көңүлү чөгүп, тунжурай) Биз түшүндүк. Саманчинди жабышты абакка. Ташым Байжиевди салышты камакка. Эми кечээ Бектеновду да камашты, “Манасты изилдейсиң” деп, жанагы Саманкул Жээналиев деген баканооздун жазганы менен. (Молдобасанга кайрылып) Эми кезек бизге келген турбайбы, Молдоке. Башка түшсө байтал жорго, камашса камашсын, анысын да көрөлү. (Үшкүрүп алды) Калмактын жайсаңдары жок кыла албаган “Манасты”, кыргыздар өздөрү жок кылганы калган турбайбы, эми!

Молдобасан. (Башын ийкегилеп, көңүлү чөгүңкү) Ооба, ооба, туура айтасың.

Саякбай. (Каңырыгы түтөп) Кой, Молдоке, туралы анда, мындан ары биздин керегибиз деле жок болуп калган экен.

(Анан маанайлары пас эки манасчы ындындары өчө орундарынан шашпай турушту да, чепкендерин акырын кагынып алышып, сахнанын түпкүрүндөгү акыркы кулисаны көздөй илкиген бойдон ээрчише басышты. Илкип кетип баратышкан эки манасчыны узата карап турган Шейше муштумун тишине ныгыра-ныгыра такап, заманасы куурула түштү).

Шейше Орозов.  (Үнү каргылдана күбүрөнүп) Ай, атаңдын көрү, дүнүйө, ай... атаңдын көрү дүнүйө, ай... (Дирижер терс бурулуп кетти.

Эки манасчы кулисанын артына чыкканда филармониянын бүт артисттери жарданып карап турушкан, аларды. Экөө унчукпай түпкүрдө турган эшикти көздөй илкип кетип баратышты. Эки манасчыны ичтеринен аяган артисттер тең жарыла беришип, үн-сөзсүз Молдобасан менен Саякбайды узата карап турушту. Жүздөрүн капа баскан экөө элди аралап, үн-сөзсүз суз кетип баратышты. Артисттер да дел болуша, унчукпай тигил экөөнү карап урушту. Баарынын тең тегиз ындыны өчүп, кабактары бүркөө эле).

 

Он үчүнчү баян

Түн. МГБнын имаратынын алды. Зияштын үй-бүлөсү, туугандары, алардан тышкаары, Саякбай, Кубанычбек баш болгон үркөрдөй болгон кишилер турушту, күтүп. Ар кайсы жерде шектүү кишилер, тургандарды уурдана карашат.

Ракыя. (Кызы Гүлкайырга аырын шыбырап, бурчта турган кейпи суук шектүү кишиге башын билинээ-билинбес чулгуп) Чекисттер.

Гүлкайыр. (Шыбырай, улам бир шектүү кишини баамдап) Эмне үчүн булар мынчалык көп?

Ракыя. (Улутуна шыбырап) Атаңды кимдер узатканы келди, ошону кара тизмелерине алганы келишкен да. (МГБнын имараты тарапты карап) Атаңды алып келатышат!

 (Зияш Бектеновду алып келатышкан конвойлор көрүнүштү. Аны көргөндө турган эл жабыла жабаклактай колдорун сунушуп Зияш тарапка умтулушту).

Конвоир. (Мылтыгынын затворун шаркылдата тартып, өктөм) Назад!..

(Эл сестенип токтоп калды. Конвойлор Зияшты нараакта көчүгү менен бери жакты карап турган автозакка алып өтүштү да, дароо эле тор эшикти ачышып, ичине тигини түртүп киргизишти).

Саякбай. (Конвойлордун чини улуусуна кайралып) Ай, балдар, үй-бүлөөсүнө, ага-туугандарына, бизге уруксаат бергиле, коштошуп алалы.

Туугандары. (Жаалап) Коштошуп калалы!

Угуп алып, атайы күтүп турабыз!

 (Конвойлордун чини улуусу белги берди. Конвойлор тор эшикке кулпу салышты да, жаппай туруп калышты. Ошол учурда  Зияштын үй— бүлөөсү автозактын жанына келе калды.

Гүлкайыр  алдыга умтулушуп, тордун көзөнөгү аркылуу колун атасына сунду. Тизелей калган өңү азыңкы Зияш калтыраган колдору менен кызынын манжаларын кармалап, бетине жакындатып, өпкүлөп ийди. Гүлкайыр өксөп ыйлап атты. Зияш тизелеген боюнча кызын карап, томсоруп турду).

Саякбай. (Кубанычбекке, каңырыгы түтөп) Алда, курган бала, ай, үй-бүлөсүн сагынган экен, ченебей. (Көзүнө жаш тегеренип кетти.

Конвойлор унчугушпай түнөрүп турушту. Бир саамдан соң арасынан экөө түнөргөн бойдон алдыга эки-үч кадам шилтешти да, Зияштын кызын каруусунан кармап, атасынан ажыратып, артка тартты. Кыз, жанталаша колдорун алдыга – атасына сунган бойдон, умсуна артка кетенчиктеди. Зияш тизелеген боюнча уул-кызын карап, томсоруп турду. Гүлкайыр өксөп ыйлап атты.

Ошондо Саякбай алдыга жүткүнүп, тордун көзөнөгү аркылуу Зияшка колун берди).

Саякбай. (Алдыга жүткүнүп, тордун көзөнөгү аркылуу Зияшка колун берди) Кош, Зияш иним, кайраттуу бол! Мүңкүрөбө. Аман болсоң, эртең эле эл-журтуңа кайтып келесиң.

Зияш. (Үнү каргылданып) Ырахмат, ырахмат сизге, Саякбай аба.

Кубанычбек Маликов. (Кол берип, жаны ачый) Кайраттуу бол, боорум!

Саякбай. (Зияштын колун кыса-кыса кармап, жашып кетти) Эмнеси болсо да, аман бол, кыргыздын кулунусуң, кагылайын Зияш!

Жанадил Токчинов. (Сурдана тиштенип, жанында турган МГБнын кенже офицерине карап) Мобул манасчыга эмне болуп атат, баятан бери конвойлорду кармап?! Көзүн жалдыратып түрмөгө олтуруп калат, ушинтип атып. Ошондо көрөт националистке жан тарткан кандай болоорун.

(Кенже офицер тигини кубаттай ыржайды).

Байбиче. (Баятан Саякбай менен Зияшты жаштуу көздөрү менен карап турган) Эй, бала! Сен кыргызсыңбы?! Же...

Жанадил Токчинов. (Байбичеге ороңдоп) Кыргызмын! Эмне, көрбөй турасыңбы, кыргыз экенимди?!

Байбиче. Кыргыз сендей болбойт! Сен Көзкамансың! Так сендейлер кыргыздын түбүнө жетет!

Жанадил Токчинов. (Байбичени демите, акшыңдап) Эмне?!.

Байбиче. (Тигиге тайманбай карап) Камайсыңбы?!. Мына, кама! Канчабызды камата алаар экенсиң!..

(Жанадил титиреңдеп, байбичени чаап ийчүдөн бетер, муштумун түйүп кумсалаңдап кетти. Кенже офицер байбичени каруусунан коомай кармады).

Байбиче. (Нааразы боло) О, эненин сүтүнөн айлангыр! (Анан, кенже офицерге акырая карады да, тигинин колунан каруусун булкуп чыгарып алып, терс бурулуп нары басып кетти.

Жанадил байбичени акшыя тиктеп, титиреген колдору менен портупеясынан дагы бир тамеки алып чыгып, калчылдай ширеңке чакты. Ширеңкенин талы сынып кетти кап ортосунан. Дагы бир талды алды эле, анысы да чакканда сынып кетти. Ошондо кенже офицер шаша-буша калчылдаган Жанадилдин колунан ширеңкени ала коюп, чарт эткизе чагып, үлбүлдөгөн отту тигинин тамекисине жакын алып келип тутантты. Жанадил  тамекини дембе-дембе соруп ийди.

Дагы эле токтоно албай титиреп турган, Жанадил.

Автозак жылды).

Саякбай. (Каңырыгы түнөп) Кайсы бирин айтайын,

Каран калган дүнүйө!

Кара башка түн түшүп,

Кайгымды айтам кимиңе...

 

ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ

 

1952-ЖЫЛКЫ КОНФЕРЕНЦИЯ

 

Он төртүнчү баян

Ошол эле мезгил. Москва. Кремль. КПСС БКнын секретары Георгий Максимиланович Маленковдун кабинети. Секретардын маңдайындагы дубалда Лениндин “Правда” гезитин окуп олтурган портрети. Кабинетте Маленков кунт кое каттарды карап олтурган. Колунда бир нече барактан турган кат.  Сырттан жардамчысы кирди.

Жардамчы. (Босогонун алдынан  эле) Георгий Максимиланович, к Вам, 1-й секретарь Центрального Комитета Киргизской ССР, Раззаков Исках Раззакович.

Маленков. (Кабагын чытып) Пусть войдет.

(Жардамчы чыгып кетти. Дароо эле И. Раззаков кирди, кабинетке).

Раззаков. Георгий Максимиланович, здравствуйте.

Маленков. Здравствуйте, Исках Раззакович.

(Экөө кол алышып көрүшүштү).

Маленков. Садитесь, пожалуйста.

(Раззаков олтурду да жүрөкзаада боло Маленковду тиктеп калда).

Маленков. (Кабагын түйгөн калыбында) Исхак Раззакович, мы вас пригласили по поводу эпоса “Манас”. Вы прекрасно знаете, наши товарищи – коммунисты ни раз писали принципиальную критику, на ваш, национальный эпос. Есть еще личное письменное обращения в Центральный Комитет КПСС, товарища Саманкула Жиеналиева. (Алдындагы катты көрсөттү).

Раззаков. (Аяр) Да, да, мы в курсе.

Маленков. (Кабагын түйгөн калыбында) Мы это письмо отправляем в Академию наук СССР, ученым, Исках Раззакович. Поручаем им проводить солидную всесоюзную научную конференцию по эпосу «Манас».  Я думаю, ученые объективно решат судьбу вашего эпоса..

Раззаков. үрөкзаада боло) А конференция где пройдет? В Москве? В Академии наук СССР?

Маленков. Нет, у вас, во Фрунзе, Исхак Раззакович. Вы, пожалуйста, обеспечьте ученым необходимые условия  для объективного обсуждения.

Раззаков. ашкалактап) Конечно, конечно, Георгий Максимиланович, обеспечимА наши ученые… ну… местные, могут принимать участие на конференции?

Маленков. (Кабагыгын чытып) А есть такие ученые?

Раззаков. укактана) Есть… Болот Юнусалиев…

Маленков. (Кабагыгын чытый такыпп) Он кто, доктор наук или академик?

Раззаков. (Шашкалактап) Крупнейший манасовед… кандидат наук, бывший министр просвещения нашей республики.

Маленков. үшүркөп) А это тот министр, по чьей вине были допущены идейные ошибки в «Манасе

Раззаков. (Этиет) Да… да… он. Но он за эти ошибки был достаточно сурово наказан, Георгий Максимиланович. Сейчас он просто старший научный сотрудник Киргизского филиала Академии Наук СССР.

Маленков. абагын түйүп, ого бетер нааразы боло) Как можно доверять такому человеку, Исхак Раззакович? Ведь именно с его подачи заварилась это каша, с «Манасом». Неужели вы хотите наступить на одну те же грабли?

Раззаков. (Батынып) Но, он очень хорошо знает эпос «Манас»,  притом чистосердечно признал свои ошибки.

Маленков. актырбай) Хорошо, хорошо… я понимаю, у вас дефицит национальных кадров. Пусть он выступит где -нибудь в секциях. А кто еще?

Раззаков. Ну, есть несколько начинающие кандидаты наук.

Маленков. абагын чытып) Исках Раззакович, на конференции выступят большие  доктора и академики Академии Наук СССР.

Раззаков. (Этиет) Ну… тогда, у нас есть известные писатели… Аалы Токомбаев, Тугельбай Сыдыкбеков… Кубанычбек Маликов…

Маленков. абагын ого бетер чытыган калыбында, ирония аралаш) Исхак Раззакович, писатели – не ученые. У них вместе аргументов – одни эмоции да фантазии. Мы их хорошо знаем.

Раззаков. атынып) Я Вас понял, Георгий Максимиланович… но и Саманкул Жээналиев тоже писатель, тем более журналист.

Маленков. абагын чытыган калыбында) Вот потому  и отправляем его письмо в Академию наук, Исках Раззакович, для объективной оценки. Но, я должен сказать, Вам, Саманкул Жиеналиев – идейно выдержанный товарищ. Он настоящий коммунист. Вот, видите, он даже не побоялся возможного народного возмущения. Исках Раззакович, я вас предупреждаю, не следует укорять его.

Раззаков. (Шыр) Нет, нет, не будем укорять, он честный товарищ. Он выразил свою позицию…

Маленков. актоо киргизип) Принципиальную позицию.

Раззаков. ашын ийкегилеп) Да, да, да… принципиальную позицию.

Маленков. (Өктөм) Его письмо в моем личном контроле.

Раззаков. Я Вас понял, Георгий Максимиланович.

Маленков. (Кабагын түйүп, карандашы менен столдун үстүн тыкылдатып) Исхак Раззакович, запомните, классовая борьба еще не закончилась. Если кто считает, что все позади – сильно заблуждаются. Классовая борьба вошла только в новую стадию.

 

Он бешинчи баян

Түн. Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин 1-секретары И. Раззаковдун кабинети.  Кабинетте Раззаков олтурган. Анын өңү чарчаңкы, көзү киртейиңки эле. Аңгыча сырттан Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы А. Алтымышбаев баштап, Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Болот Юнусалиев, анан 1-секретардын жардамчысы кирип келишти. Жазуучулардын жүзүн санаа баскан. Раззаков жазуучулар менен учурашты. Жазуучулар узун столду тегеректей олтурушту.

Болот Юнусалиев. (Шалдайыңкы) Эми эмне болот деп, баарыбыз тең кабатыр болуп атабыз, Исхак Раззакович.

Раззаков. (Маанайы пас) Болот Мураталиевич, мен силерди аябай жакшы түшүнүп жатам. Мен да силерден жаман болуп олтурамын. Уйку бетин көрбөй калдым. (Үшкүрүп алды.

Жазуучулар Раззаковду аяп турушту).

Раззаков. (Өзүн колго алып) Аны коелу. Кана, конференцияда, биз тараптан кимдер сүйлөт. Айткыла. Бизде канча окумуштуубуз бар, “Манасты” коргой турган?

Аалы. (Юнусалиев тарапка башын чулгуп) Мына, Болот турат.

Раззаков. Дагы?

Кубанычбек Маликов. Дагы... (Каңырыгы түтөп) Атаңдын көрү, “улутчулдар, “Манасты” даңктап атышат, пантүркисттер, панисламистчилер” деп жалган жалаа жабылып окумуштууларыбыздын бир тобу соттолуп кетишпедиби. Тазабек Саманчин менен Зияш Бектенов дагы эле абакта олтурушат. Болбосо, ошолор ишке жарайт эле.

Раззаков. (Кабагын түйүп) Мен колдо бар окумуштууларды айтып жатам, Кубанычбек Иманалиевич, түрмөдөгү эмес. Анын үстүнө, КПСС Борбордук Комитети докторлук даражадан кем болбош керек деп атат. Москванын — талабы ушундай.

Аалы.  (Ындыны өчүп) Анда иш бүткөн турбайбы, бизде, кыргыздардын ичинде докторлор жок да!

Түгөлбай. (Каңырыгы түтөп) Эми “Манасты” чындап колдон чыгарат турбайбызбы, э кокуй!

(Баары маанайлары түшүп, ындындары өчүп ойлонуп калышты. Кабагы түнөргөн Раззаков колундагы карандашын кайра-кайра мыжыга кармап, жазуучуларга кыдырата карап, тунжурап олтурду).

Кубанычбек Маликов. (Кубана) Бар!.. Мухтар Ауэзов да!

Раззаков. (Сүйүнүп кетти) Да-а!.. Ошол киши жарайт ишке! Илимдин доктору, накта академик!

Болот Юнусалиев. (Раззаковду кубаттап, санай) 1946-жылы Манастын 1100 жылдыгын өткөрөбүз деген идея да ошонуку. Отуз жылдан бери “Манасты” изилдеп келатат. Саякбайды “ХХ кылымдын Гомери” деп айтып да, жазып да жүрөт.

 Кубанычбек Маликов. (Кошо жарышып) “Манас” дегенде ичкен ашын жерге коет! (Көзүн кытмыр жүлжүйтүп) Анын үстүнө, кыргызга жан тарткан “улутчул” деп да ага эч ким доомат кое албайт.

Раззаков. (Жардамчысына көрсөтмө берип, маанайы көтөрүлө) Жаз! Мухтар Оморханович Ауэзов.

(Жардамчы ак кагазга шыпылдатып жаза салды).

Түгөлбай. (Күмөнсүп) Шашып кеткен жокпузбу?

(Баары тең эмне деген атат дегенчелик кылышып, Түгөлбайды карап калышты).

Түгөлбай. (Дагы эле күмөнсүп) Андан көрө макул болоор бекен?

Раззаков. (Кабагы бүркөлө түштү) Эмне үчүн макул болбойт?

Түгөлбай. Эми... чатак иш болуп атса... “Манасты” изилдеген окумуштуулар чекесинен камалып атышса...  

(Жазуучулардын айлалары кете түштү).

Раззаков. Телефону барбы? Үйүнкү? Кимиңер билесиңер?

Кубанычбек. Менде бар эле. (Койнунан блокнот алып чыгып барактап, тапты да Раззаковго суна калды) Мынакей.

Раззаков. (Кубанычбектин блокнотун жардамчысыныа узатып) Ме, чалып туруп, мени менен байланыштыргыла.

(Жардамчысы блокнотту ала коюп шашкалактап сыртка чыгып кетти. Жазуучулар тымтырс болуша күтүп калышты).

Раззаков. Дагы ким бар?

Болот Юнусалиев. Макул болсо, Жирмунскийди чакыралы, Виктор Максимовичти,  Ленинграддан. Доктор дагы, академик дагы.

Раззаков. (Ишменимдүү) Макул болот. Ал да “Манастын” күйөрманы да, башынан эле.

(Ошол учурда селектордон чыкты).

Раззаковдун жардамчысынын үнү. Исхак Раззакович, линияда Мухтар Оморханович Ауэзов.

(Раззаков ордунан тура калып, өз столуна барды да, шарт телефонду ала койду).

Раззаков. Салоом алейкум, Мука.

Ауэзов. (Түнкү лампасын жарык кылып коюп, иштеп олтурган) Алеки, алеки...

Раззаков. Мука, бул мен  Исхак Раззаков.

Ауэзов. Ие, ие, тааныдым.

Раззаков. Мука, угуп-билип аткандырсыз “Манас” боюнча бизде, Фрунзеде,  Бүткүлсоюздук конференция өткөн атканын?

Ауэзов. (Башын ийкегилеп) Кабарым бар. Кубанычбек мага телефон чалган.

Раззаков. Өзүңүз келип, ошол конференцияда “Манасты” жактап сөз сүйлөп берсеңиз, деп ойлоп аттык эле?

(Кыргыз жазуучулары демдерин ичтерине алышып, дымып кулак түрүп калышты).

Ауэзов. (Шарт) Келем! Керек болсо, докладчы болуп берем!

Раззаков. (Мукактанып) Мука... Айнып кетпейсизби? Билесиз да биздин айрым окумуштуулар камалып атышканын, “Манасты” жактоочулар деп. Тазабек Саманчин, Ташым Байжиев, Зияш Бектенов...

Ауэзов. Алардын баарын билем, Исхак Раззакович. Мен соттон коркпойм. Мен, “Манас” кыргыз элинин шыбагысына тийбей калганынан корком!

Раззаков. (Көзүнөн жаш тегерене түштү) Баракелде сөзүңүзгө! Сөөктү агарттыңыз!

(Кыргыз жазуучулары алдыртан бири-бирине куңдуңдай кубана карашты).

Раззаков. (Ыраазы боло) Ырахмат, Мука, күтөбүз, соо-саламат туруңуз!

Ауэзов. Соо-саламат болгула, көрүшкөнчө.

(Раззаков телефондун трубкасын коюп, кителинин төш чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып чыгып, жазуучуларга билгизбөөгө аркеттенип, ары карап, көзүнөн мөлтүрөп чыга түшкөн жашты аарчыды. Андан соң жазуучуларга бурулду).

Раззаков. (Көңүлү көтөрүңкү) Макул болду!

Кубанычбек Маликов. (Жадырай кубанып турган) Биз аны түшүндүк.

(Сырттан Раззаковдун  жардамчысы кирди да, ордуна олтурду).

Раззаков. (Столдун четине олтура элек жатып эле жардамчысына карады) Жаз, Мухтар Оморханович Ауэзов, Виктор Максимович Жирмунский, деп,

(Ак барактын бетине адатынча жаза салды, жардамчы).

Болот Юнусалиев. Академик Бернштамга да айталы. Ал дагы “Манастын” күйөрманы.

Түгөлбай. (Кубаттай) Туура, туура, ошол да ишке жарайт.

Кубанычбек Маликов. (Кошо кубаттап) Чын эле.

Раззаков. (Кабагы жарк этип, көңүлү көтөрүлүп, кубана колун ушалап) Ушинтпейсиңерби, бая эле, адамдын жүрөгүн түшүрбөй!

 

Он алтынчы баян

“Манас” эпосу боюнча конференция өтө турган күндүн алды.

Фрунзе. Жайдын күнү. Таң үрүл-бүрүл маал. Күн бүркөө тартып турду. Жайкы саратан экенине карабай ызгардуу шамал согуп атты. Уйкудан жаңы эле ойгонушуп, ишке шашышкан, жака-башын кумтуланган шаардыктар.

Фрунзенин аэропорту.  Аэропортто конуп-учкан самолеттордун үнү.

Диктордун үнү. Внимаю встречающих: произвел посадку, самолет, выполняющий рейс 612, Москва – Фрунзе.

(Аңгыча аэропорттун ичине КГБнын агенттерине окшогон шляпа, плащчан эки киши шашыла кирип келишти. Алардын бирөө Саманкул Жээналиев, экинчиси Эшимаалы Койчукеев эле. Экөө ылдамдай басышып башкы корпусту көздөй бет алышты. Ошол учурда аэропорттун ичинде эки чемоданды көтөрүп, боюнда бар келинчегин ээрчиткен жигит, тигилер жанынан өткөндө, селт этип четке  чыга берди).

Саманкул. (Эшимаалыга бурулуп)  Келишти.

Жүргүнчү жигит. (Тигилерди жүрөксүнө узата карап, үнүн акырын чыгарып) ЧКанын агенттери.

Келинчеги. (Корко, жигитти тыйып) Акырын!..

 (Жигит менен аялы үрпөйө тигилерди узата карап, жакынкы орундукка олтуруп калышты.

Саманкул менен Эшимаалы колдорунуна плакат көтөрүшүп келгин жүргүнчүлөр чыга турган жерде турушту.

Бир саамдан соң  жүргүнчүлөр чыга башташты. Бойлору узун кырк менен элүүнүн ортосундагы европа улутундагы үч киши эки жакты карашып, анан түз эле тигилерди көздөй басышты).

Саманкул менен Эшимаалы. (Кошо жарыша) Здравствуйте, с приездом.

Москвалыктар. (Саламдашышып) Здравствуйте, здравствуйте, товарищи.

Саманкул. Саманкул Жээналиев. А этот товарищ, Эшимаалы Койчукеев, мой приятель.

(Москвалыктар тиги экөөнү тегректеп алышты).

Боровков. (Саманкулга күлө бага карап) А-а, это Вы, Саманкул Жиеналиев. Я Александар Константинович Боровков. Рад с Вами познакомиться. олун сунду. Саманкул менен Эшимаалы тигинин колун кысышты).

Боровков. Вы – настоящий герой.

(Саманкул мактоого корстон боло мышмыйып күлүп койду).

Климович. (Жылмая баш ийкеп) А я, Климович Люциан Ипполитович.

Чубаровский. Меня зовут Михаил. Фамилия моя Чубаровский, Арсентьевич. Я корреспондент “Правды”.

(Саманкул менен Эшимаалы баары менен бир сыйра кол алышып чыгышты).

Климович. (Саманкулга кайрылып) Ну как идет подготовка, к конференции?

Саманкул. (Канаттануу менен) Не плохо. Мы готовы дать бой! стыртан Эшимаалыга карады. Ал Саманкулду кубаттай башын ийкегиледи).

Боровков. (Кызыга) А кого поддерживает республиканское руководство?

Саманкул. Оно пока не выражает свою позицию. Но, я думаю, как коммунисты-лениницы  они должны быть на нашей стороне.

Чубаровский. (Саманкулду кубаттай башын ийкегилеп) Так и оно должно быть!

Боровков. (Саманкулга) Вы очень правильно указали в своем письме —  «Манас» — это восхваление феодального прошлого киргизов. В эпосе, он хан — крупнейший феодал. А значит эксплуататор простого народа.

Климович. Плюс к этому, он захватчик. Тем более он заовоевал, как вы пишите, столицу Китайской Народной Республики!

Чубаровский. (Нааразы боло) Это же не допустимо! Китайская Народная Республика – сегодня наша крупнейшая братская страна, по соцлагерю. Как можно обидеть такую страну?!  

Саманкул. ызуулана) Я не устаю  говорить об этом. В Советской Киргизии нет место для «Манаса!

Климович. Если все коммунисты были бы такими честными как Вы – мы давно бы построили коммунизм, в СССР.

Эшимаалы. (Климовичти коштой чаап) Да, да, Саманкул Жээналиевич настоящий коммунист.

Саманкул. ол баштап) Идемте, нас машина ждет. Остальное потом обсудим.

(Калгандары Саманкулдун артынан ээрчий басышты).

 

Он жетинчи баян

Автор. (Колунда китеп) Дээрлик бир жумага созулган ушул конференция “Манас” эпосунун тагдырын чечмек. Коммунисттик катаал заман экенине карабай, өздөрүн “Манас” үчүн курман кылганга даяр турган кыргыз элинин кулундары болбогондо эмне болот эле? (Пауза.) Кокус, ошондо “Манастын” ички жана сырткы оппоненттери, же түз маанисинде айтканда – душмандары жеңип кеткенде, кыргыздар бул көзгө басаар уулу рухий мурасынан биротоло ажырамак.

(Күн бүркөк. Жаан себелеп турду. Өкмөттүк аянт. Аянтта быкылдап эл батпайт. Келгендердин баарынын көзү өкмөт үйү тарапта. Баарынын маанайы пас. Ошол убакта элди аралап Саякбай менен Кубанычбек Маликов экөө келатышты. “Саякбай келатат! Саякбай!” дешип, эл күбүр-шыбыр болуп калышты. Жыйылгандар тең жарыла берип, аларга ызааттай жол бошотушуп, алдыга өткөрүп атышты. Жыйылган элдин чок ортосуна келип калганда Саякбайдын алдынан сары убайым жеген бир кемпир тосо чыкты).

Кемпир. (Үнү каргылданып) Айланайын, Саке, көрүп атасызбы? Ушунча эл “Манас” үчүн күйүп, аянтка келди. (Манасчыны колунан кармады) Манасыбыздан айрылсак, көргөн күнүбүз эмне болот, эми?!. (Токтоно албай ыйлап ийди аял).

Саякбай. (Аны кучактай калып жубатып) Сабыр этиңиз, байбиче. Кыргызды Манастан эч ким ажырата албайт, эл турганда!

Кемпир. (Үшкүрүп) Айтканыңыз келсин, ылайым. (Көзүнүн жашын сүрттү).

(Маанайы пас Саякбай менен Кубанычбек Маликов элдин арасында туруп калышты, байыр алышап).

Саякбай. (Күңгүрөнө жаны кейип) Капырай, ушинтип эле “Манасыбыздан” айрылып калабызбы?!..

Кубанычбек Маликов. (Кабатырлана) Саке, сизге эмне болду? Бир жериңиз ооруп турабы?

Саякбай. (Үшкүрүп, Кубанычбекке карап) Ушунун баарын угуп, мен кантип олтурам, Кубанычбек?! Ичим өрттөнүп атат! Жарылып кетем го, жанымды тирүүлөй көөмп атса!

 (Аңгыча узун плащь кийген өзү да узун бойлуу, тармал чач арыкчырай жигит, Саякбайлардын жанына келди. Ал Чыңгыз болчу).

Чыңгыз. Капа болбоңуз, аба,“Манас” элдики, ал элге калат.

Саякбай. (Жигитке көңүлү ийий) Оозуңа май, садагасы! Атың ким?

Чыңгыз. Чыңгыз. Төрөкул Айтматовдун уулумун.

Саякбай. (Зээни ого бетер кейип) Э, кокуй, ушундай күндө жолугуштукпу?!

Чыңгыз. (Ишенимдүү) Бул күндөр да өтөт, аба. Бирок. “Манас” баары бир элге калат.

Саякбай. (Чыңгызга үмүттөнө карап) Айтканың келсин! Айтканың келсин! Кудай жаштын тилегин берет дейт. “Манасыбызды” кайтарып берсин!

Чыңгыз. (Саякбайды жубата) Калат, калат, ишене бериңиз.

Саякбай. (Тунжурай Чыңгызга тигиле) Эмне иш кыласың, балам?

Чыңгыз. ВДНХда зоотехникмин.

Саякбай. (Улутунуп) А-а... Аман жүр балам, аман жүр! Артында туягы бар экен атаңдын.

Чыңгыз. Атамды көргөн белеңиз?

Саякбай. (Каңырыгы түтөп) Көрбөй анан, кайран жигит...

Чыңгыз. Санааркабаңыз, баары жакшы болот. (Тигилер менен коштошуп элдин арасына кирип кетти).

Студент. (Кыйкырып) Тигине, “Манастын” душмандары келатат!

(Ошол учурда баягы москвалык делегация, анан Саманкул Жээналиев көрүндү).

Боровков. огулган элди карап, таң кала башын чайкап) По какому поводу столько народу собралось?

Саманкул. лди жаман көзү менен карап) Защитники «Манаса».

Чубаровский. рония менен) От кого? От нас?

Саманкул. (Элди жек көрө карап) Да, это просто безмозглый народ! (Саякбай менен Кубанычбек Маликовду көрө коюп какшык аралаш) А вот, идет наш местный «Гомер». (Келекелей күлүп калды).

Климович. ойнун созо Саякбайды кызыга карап) Дайте, дайте, я погляжу на нашего возможного оппонента.

Саманкул. (Саякбайды дагы эле келекелей тиктеп) Какой из него оппонент. Он малограмотный певец. Он умеет только петь, больше ничего.

(Аңгыча Саякбай менен Кубанычбек Маликов тигилердин жанына келип калышты).

Саякбай. игини жаман көргөнүн жашырбай, какшык аралаш, сынай) И-и, Көзкаман, кандай?! Сени Манастын кусуру урбаса эле болду!

Саманкул. (Саякбайга корсулдап) Урса — ошондо көрөм!

Саякбай. (Тигини жаман көзү менен карап) Жолуң болсун, сенин! (Саманкулдун жанынан кабагын түйө өтүп  кетти. Кубанычбек Маликов манасчынын артынан кетти).

Боровков. (Саякбайды көрсөтүп) Что он сказал?  

Саманкул. үлүмүш этип мышмыңдап) Он сказал, что меня накажет дух Манаса.

Чубаровский. аң кала күлүп, башын чайкап) Что, люди верят в этот миф?.. Темнота...   

(Ошол учурда тигилердин жанына студент келип калган).

Студент. ызуулана сүйлөп) Это не миф, это дух нашего народа, а вы хотите его отнять!

Саманкул. (Студентти кекетип) Эй, бала, каякта окуйсуң, сен?! Бай-манапчыл эпосту коргогон кандай болоорун мен сага көрсөтөйүн, азыр! (Уланга тап берди).

Студент. (Алаңдап коркуп) Мен сизге эмне кылдым?!. (Кектенчиктеп барып, элдин арасына кире качты. Саманкул тигини издеп, аркасынан элдин ичине умтулду).

Элдин ичинен чыккан үн. (Кыйкырып) “Манастын” душманы, баканооз Саманкул Жээналиев келатат!

(Эл жапырт Саманкулду жек көрө карады. Саманкулдун иреңи бузула түшүп, титиреңдеп эки жагын карап калганда алдынан бир килейген балбан сымал киши тороп калды, анын жолун).

Килейген киши. (Тигинин алдында көкүрөгүн жагжайта) Айдатсаң — мына мени айдат, жолдош Саманкул Жээналиев!..Же аттырып иесиңби?!. (Көзүндө огу болсо атып ийчүдөй карады, Саманкулду. Саманкул килейген кишини бир карап алып, анын түрүн көрүп жалтайлап, куйругун кыпчыган иттей болуп артын көздөй тартты.

Дал ошол учурда элдин үстүнөн топ карга асмандын бетин бербей учуп өттү, чурулдашып).

Саякбай. (Кубанычбекке карап) Каргалар учуп баратат... (Каңырыгы түтөп) Атаңдын көрү, каргалардын заманы келди.

 

Он сегизинчи баян

Конференция өтө турган зал. Залда толтура кишилер жайгашып олтуруп калышкан. Бир катарда Саякбай, Молдобасан, Карамолдо, Осмонкул, Ысмайылдар тизилип,  алардын алдындагы катардан Мухтар Ауэзов, Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Болот Юнусалиев, Бернштам ж. б. орун алышкан. Эң алдыңкы катарда москвалык делегация менен Саманкул Жээналиев, Эшимаалылар олтурушту. Элдин көзү президиумда. А президиумда Раззаков баштаган партиялык, советтик кызматкерлер.Конференцияны Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы Асылбек Алтымышбаев алпарып жатты.Ондогон  көздөр жабалактап президиумда олтургандарга тигилет.

Капталда бир нече стенографисттер жазууга даярданып турушту.

Алтымышбаев.рдунан туруп сөз баштап) Товарищи, сегодная у нас проходит всесоюзная научная конференция по эпосу «Манас».  Во Фрунзе собралось именитые ученые со всего Советского Союза. На этой авторитетной конференции они решать судьбу эпоса, “Манас”. ир аз буйдалып, токтоло калды) Товарищи! Прежде чем приступить к заслушиванию специально подготовленных докладов по эпосу “Манас”, я хочу сказать вкратце, о сегодняшней политической линии нашей родной коммунистической партии. Как указывает нам, наша партия, в последнее время враги марксизма-ленинизма предприняли новую атаку, на социализм. Теперь они исподтишка хотят реанимировать капиталистическо — феодальную культуру, чтобы отравлять сознание советских граждан.

Саманкул. (Залдан кыйкырып) Правильно!

(Раззаков Саманкулду жаман көзү менен карап койду, кабагын түйө).

Алтымышбаев. (Сөзүн улантып) Значит, мы, советские ученые должны быть верны политическому курсу  нашей партии. Конечно, мы не отрицаем прошлую культуру, если она истинно народная. Поэтому, сегодня вопрос стоит ребром: эпос “Манас” истинно народное произведение или восхваляющий  ханов, бай-манапов, то есть прошлую феодальную знать киргизов, реакционный дастан, не имеющий ничего общего с прогрессивной народной культурой?

 (Муну укканда Саякбай жаман болуп кетти).

Саякбай. ңү керсары тарта Карамолдого кайрылып) Молдоке, жүрү, чыгалычы. Мен мындайды угуп, чыдап олтура албайм го!  

(Анан Саякбай Карамолдо экөө ордунан туруп, залды аралап эшикти көздөй басып жөнөштү.  Залдагы эл тигилерди жапырт карап калышты. Алтымышбаев сөзүн токтотуп, Саякбайды узата карап башын чайкап турду. Раззаков кабагын түйүп, астыртан Саякбайды карады. Климович, Саманкулдар манасчыны жаман көздөрү менен каап калышты).

Саманкул. (Климовичке шыбырап) Да, пусть уйдет, ему нечего сказать.

(Саякбай менен Карамолдо сыртка чыгып кетишти).

Алтымышбаев.өзүн улантты) Так вот, товарищи...

 

Он тогузунчу баян

Тоонун арасы. Койчунун үйү. Дөңдө Саякбай менен Кармолдо. Боз үйдүн жанында койчу үй-бүлөсү менен конок камын көрүп атышты.

Түнөргөн Саякбай керилип жаткан өзөндү тиктеп оор үшкүрүп алды.

Саякбай. Молдоке, “Көкөй кестини” чертчи.

(Карамолдо үндөбөй комузун кулагын толгоду да, “Көкөй кестини” чертип кирди.

Муңканган комуз күүсү, улуу комузчунун колунда акырындап өрөөнгө тарап, анан кокту-колотту өрдөп, апайы бетке жайылып, андан ары көктү көздөй оболоп кетип аткандай таасир калтырып атты.

Саякбай ансайын тунжурай күүнү тыңшайт).

 

Жыйырманчы баян

Конференция ишин улантып атты. Түшкү тыныгуу маалы эле. Тыныгуу экенине карабай, фоэде окумуштуулар, интеллигенциянын өкүлдөрү ар кайсы жерде топ-топ болушуп, кызуу талаш-тартыш токтобой жүрүп аткан.

 Нуров, Балтин, Саманкул, Эшимаалылар кызуу талкуулап атышты.

Нуров. (Кызуулана сүйлөп) Я думаю, Александар Константинвич Боровков и Лиюциан Ипполитович Климович в своих выступлениях очень точно указали об антинародной, реакционной сущности “Великого похода”. Вот это, я считаю, по— партийному. То что, Болот Юнусалиев все время встревается и предлагает о каком-то мнимом сводном варинате – чепуха! Практически, нет ни одного народного варианта “Манаса”. “Манас” надо закрыть, так же как “Алпамыша”, “Деде Кокута” и других антинародных эпосов!

Балтин. (Кубаттап) Что верно, то верно! “Манас” же, в сущности восхваляет  патриархальное прошлое киргизов. Надо вопрос поставить прямо: нужен ли он сегодня современному Советскому Киргизстану?

Саманкул. (Башын ийкегилеп) Да, да. Я все время об этом говорю.

Балтин. (Колун шилтеп) Да, все эти выступления местных ура-патриотов, я имею ввиду Такамбаева, Сыдикбекова, одно только голословное говорильня! (Башын чайкап) Но, меня удивляет: с каким  упорством они навязывают нам свои малограмотные доводы.  

Нуров. (Кызуулана) А я одного до сих пор не понимаю. Почему феодально-бай-манапский, пантюркистский, панисламский перевод «Манаса» был выдвинуть  на Сталинскую премию?!  Вдумайтесь, товарищи!..  Кого мы восхваляем?!. Кровожадного захватчика!.. Оккупанта китайских земель!..  И этим мы хотим дать пример подрастающему поколению?!.  Это сознательное преступление!.. «Манасу»  нет место в многонациональной культуре советского народа! Я такой вопрос обязательно задам, с трибуны высокой конференции.

(Ошол убакта тигилердин жанына Кубанычбек келе калды. Анын артынан  М. Ауэзов, А. Н. Бернштам, Аалы, Түгөлбайлар келип калышты).

Кубанычбек Маликов. (Кызалаңдап) Товарищ Нуров, а «Джангару»  есть место «в многонациональной культуре советского народа?»

Нуров. ызарып-татарып) Вы, товарищ, Маликов не подчеркивайте мою национальную принадлежность! Это не допустимо!

Кубанычбек Маликов. ызалаңдап кайым айтышып) А допустимо ли топтать, вам, товарищ Нуров, наш национальный, народный эпос?! Мы же не критикуем  калмыцкий эпос. Это свидетельствовало бы наше пристрастие. Это абсолютно не этично с вашей стороны! Вы заинтересованное лицо! октоно албай, өзүнө ээ боло албай  калды) Вы хотитет реабилитировать «Джангар», а уничтожить наш «Манас»! Наш эпос получил развитие как раз во времена калмыцкого ига! Когда калмыцкие жайсаны бесподщадно истребляли киргизов! Запомните! Вы не объективны! Ваше мнение субъективны!

(Ошол учурда конференц-залды көздөй Раззаков өтүп бараткан, Алтымышбаев ж. б. партэлитанын коштоосунда).

Раззаков. (Токтоло калып, кабагын түйүп) Товарищ, Маликов, прекратите перепалку! Вы будете официально выступать, когда вам будет дано слово.

(Андан ары конференц-залды көздөй басып кетти. Нуров, Балтин, Саманкулдар 1-секретардын артынан ээрчий басып кетишти. А кумсарган Кубанычбек болсо, калтырап-титиреп токтоно албай атты. Аалы менен Түгөлбай акырын фоэдеги элге көрсөтпөй анын каруусунан кубаттай кысып коюшту).

Түгөлбай. (Шыбырай) Жарадың ишке!

Ауэзов. (Кубанычбекке, кубаттай карап) Кубанычбек, ты настоящий боец!

(Ошол учурда Мухтар Ауэзовдун жанына Раззаковдун жардамчысы келе калды).

Раззаковдун жардамчысы. (Эки жагын карап үнүн пас чыгарып) Мухтар Оморханович, сиз менен Исхак Раззакович жекече сүйлөшөм дейт.

Ауэзов. Качан?

Раззаковдун жардамчысы. (Эки жагын карап үнүн пас чыгарып) Азыр, жыйналыш башталганга чейин. Жүрүңүз, күтүп атат.

(Жардамчы Ауэзовду ээрчитип, ичкери басып кетти.Ошол учурда Боровков, Климович, Чубаровский үчөө түз эле Бернштамды беттеп келип калышты).

Боровков. (Бернштамга) Александр Натанович, можно вас, на минутку.

Бернштам. (Алаңдап коркуп кетти) Что случилось?

Климович. Да, ничего особенного. Идемте, на сторону.

(Бернштам кыйыла тигилерди ээрчий басты).

Кубанычбек Маликов. (Аалы менен Түгөлбайга) Коркуткан атышат. Курган  Александр Натанович, эми сөзүнөн баш тартпаса болду.

(Тигилер ары кетишкен Бернштам, Боровков, Климович, Чубаровскийлерди кабатырлана карап калышты).

Боровков. (Бернштамга, өктөм) Александр Натанович, вы на чьей стороне?

Бернштам.  (Сабыр кылууга аракеттенип) Я всегда на своих позициях, Александр Константинович.

Климович. (Чубаровскийге башын чулгуп) После конференции “Правда” будет печатать большую статью Михаила Арсентьевича... о защитниках “Манаса”. А вы, знаете, Александр Натанович, “Правда” – орган ЦК КПСС! Вы понимаете, суть моих слов?

Бернштам. (Кубарып) Да, конечно...

Боровков. (Өктөм) Так что, подумайте, Александр Натанович, прежде чем, что-то  сказать. Последствия для вас, могут быть очень печальными. Тем более есть указания ЦК КПСС – судьба  “Манаса” предрешена.

Чубаровский. Мы сейчас, всех потенциальных защитников этого реакционного, антинародного эпоса, предупреждаем, об этом.

Климович. Вы пока, подумайте, мы вернемся.

(Үчөө андан ары басып кетишти. Бернштам  туруп калды, шалдайып. Алар кетээр замат Кубанычбек Маликов келе калды окумуштуунун жанына).

Кубанычбек Маликов. Александр Натанович, на вас лица нет?

Бернштам.  (Калтааарып, ындыны өчүңкү, мукактана) Кубанычбек... наверное я... откажусь от выступления.

Кубанычбек Маликов. Они вас приперли к стене?

Бернштам. (Манайы пас) Кубанычбек, ты понимаешь, я не хочу оказаться в застенках КГБ. Это так ужасно! Представить даже себе не могу!

Кубанычбек Маликов. (Көңүлү чөгүңкү) Ну... это ваша воля, Александр Натанович,

Бернштам. (Маанайы пас) Кубанычбек, не осуждайте, меня, пожалуйста. (Айланасын көрсөтүп, шыбырай) Посмотри, вокруг одни гэбэшники!

Кубанычбек Маликов. (Чечкиндүү) Все равно, всех нас, они не пересажают! (Басып кетти. Бернштам эмне кылаарын билбей турду).

Бернштам. (Кубанычбек Маликовдун артынан  карап, өзүнчө күбүрөнүп) Да... всех на пересажают. Но... (Ошол учурда тигинин жанына кайрадан Боровков келип калды).

Боровков. Что вы решили?

Бернштам. (Жалтактай, мукактанып) Ну... конечно, я был... неправ.

Боровков. Вот это, по-партийному, Александр Натанович.

 

Жыйырма экинчи баян

Түн. Тоонун арасы. Саякбай “Манас” айтып атты. Тоолук эл аны тегеректеп “Манас” угуп атты. Ортодо жагылган от.

Саякбай. Муну мындай таштайлы,

Мындан кепти баштайлы.

Мына ошондо Эсенкан,

Манасты жайлап келгин деп,

Кесилген башын бергин деп.

Көзкаман менен Көкчөкөз,

Каапырларды Каңгайдан,

Кең Таласка жиберген!

Каран түн башка салмакка,

Кабылан-шерди жайлатып,

Кытайдын кегин алмакка.

(Жаны түтөп атты манасчынын. Эл тунжурап угуп атышты.  Түнөргөн түндү аралап, желдей тарап атты, манасчынын авазы).

Саякбай. Ошондо, акырын сүйлөп кеп баштап,

Агаң менмин деп баштап,

Арам ойлуу Көзкаман,

Айкөлдүн конду жанына.

Кең Кең-Колдун ичине,

Кереге-уугу жарашкан,

Көзкаманга тиктирди,

Кырааным,

Кең  өргөө берип Таластан.

Арам ойлуу Көзкаман,

Айкөлдүн башын алам деп,

Айласын эми табам деп,

Даңгыттар ичсе сулачу,

Дарманы кетип кулачу,

Даярдап койгон эмеспи!

Дарысын кошуп кымызга.

Ууртаганда мүрт кетчү,

Уусун кошуп кымызга!

Аяр басып кеп таштап,

Алыстан кайрып сөз баштап,

Ак өргөөгө чакырып,

Айкөлгө келди Көзкаман.

Арамдыгы ойдо жок,

Карап Манас турбады,

Көзкамандын ак өргө,

Басып кирди айкөлүң,

Бир тууган сыйын көрөм деп,

Шашып кирди айкөлүң.

(Саякбай боздоп турду, көзүнөн салаа-салаа жаш кетип).

Түн. Тоонун арасы. Саякбай Манасын улантып атты.

Саякбай. Олда курган айкөлүм,

Жетине албай сүйүнүп,

Тууганым деген туу туткан,

Туурасы жок иттердин,

Колунун минтип уу жуткан!

(Көзүнөн жашы куюлуп, сыздап турду Саякбай).

Саякбай. Алда курган айкөлүм!

Жайнаган жайсаң жабылып,

Жарагын алып камынып,

Көкжалдын башын кесем деп,

Каңгайга алып кетем деп,

Кабыланды соймокко,

Качырып турган кези ушул!

Арам оюн Көзкаман,

Ашырып турган кези ушул!

(Боздоп атты Саякбай).

Саякбай. Кагылайын айкөлүм,

Кабырга сөөгүң сөгөт ко,

Каран калган жайсаңдар,

Карыштап бирден бөлөт ко!

Алмадай башың кесет ко,

Арам калган жайсаңдар,

Артынып алып кетет го!

(Ыйлап атты Саякбай).

Саякбай. Кабар айтып Канышка,

Кирип келди Акаяр!

Кабылан уудан өлөт деп,

Капилет жайды көрөт деп!

Каңгайдан келген Көзкаман,

Көк жалдын канын төгөт деп!

Озондоп ыйлап кириптир.

Ошондо, кайран катын Каныкей,

Окуя жайын билиптир,

Олуя аял эмеспи,

Олоң чачты түйүптүр.

Каран түн башка түшкөнүн,

Кабылан уу ичкенин,

Кабар алып балбандан,

Карууга жарак илди эми,

Кемирип турган суулугун,

Кең соору Кула тулпарга,

Көз ирмемде минди эми!

Көзкаман менен Көкчөкөз,

Көк жалга жетип соердо,

Көз ачпай жаткан айкөлдүн,

Канын төгүп коердо,

Кула менен жөөлөтүп,

Кереге-уукту кыйратып,

Каныкей кирип келди эми!

(Ошол учурда койчу жигит кол транзисторду алып энтелеңдеп жетип келди).

Койчу жигит. Саке!.. Саке!.. “Манасты” айтып атат!..

(Баары радиону тыңшап, кулак түрүп калышты).

Диктордун үнү. Жолдоштор. “Манас” эпосу боюнча өтүп жаткан Бүткүл союздук конференциядан түз алып берүүбүздү улантабыз.

Алтымышбаевдин үнү. Слово предоставляется доктору филологических наук, академику Мухтару Оморхановичу Ауэзову.

(Саякбай баш болгон эл дымып угуп калышты).

Саякбай. (Күңгүрөнүп, өзүнчө) Кырааным Манас колдой көр!

 

Жыйырма үчүнчү баян

Ошол эле түн. Кайрадан жыйындар залы. Бир топ убакыт өткөн. Ауэзов докладын окуп бүтүп калган. Зал дымып турду. Раззаков Ауэзовго алдыртан үмүттөнө карады.

Ауэзов. (Кагаздарын ирээттештирип алып, папкасын жапты да, президиум тарапка кайрылып) Уважаемый товарищ, Асылбек Алтымышбаевич, можно мне два слово сказать в конце? Это не для стенограммы.

Алтымышбаев. (Раззаковду карап) По регламенту...

Раззаков. (Шар) Можно, можно. Говорите, Мухтар Оморханович!

Ауэзов. (Шердене түшүп, кайра залга карап) Вот, вы товарищи, Климович, Боровков, Балтин, Нуров и иже с ними, говорите, что эпосу «Манас» нет место, в многонациональной культуре, поскольку он «восхваляет хана,  крупного феодала» и тому подобное.  Ответьте, пожалуйста, кого восхваляет гениальный роман великого русского писателя, графа Льва Николаевича Толстого «Война и мир?». Кто  по происхождению Кутузов, Барклай де Толли, Болконский? (Ауэзов залдагы  Боровков, Саманкул, Климович, Нуров, Балтин,  Чубаровский, Эшимаалылар олтурган катарды карап жооп күтүп  калды.

Раззаковдун чытылган кабагы ачыла түштү).

Климович. (Залдан жактырбай бурк этип) Мухтар Оморханович, мы ваши доводы уже слушали. Какое отношение имеет «Война и мир»  к этому эпосу?

Ауэзов. (Шар) Прямое. (Кызуулана күчөп) Потому что эта великая русская эпопея великого русского писателя восхваляет русского духа, русского народа, который во главе с русской аристократией:  графами, дворянами, баронами победили иноземных захватчиков!

Раззаков. (Кубаттай) Вот это очень верно! У вас очень железная логика, Мухтар Оморханович!

(Климович, Балтин, Нуров баш болгон «Манастын» оппоненттеринин ындындары өчө түштү. Президиумдагылар Ауэзовго кубаттай карашты. Залдагы элдин бирин-серини кол чаап ийди).

Ауэзов. (Ого бетер эргип) Раз так, почему «Война и мир» может быть народным произведением, а эпос «Манас», отражающий освободительную борьбу киргизского народа, его главного героя Манаса, возвеличивающий народный дух, не может быть  таким?! Где  разумная логика?  Вам не кажется, товарищи, оппоненты «Манаса», вы этим самым вульгаризируете советскую науку? (Пауза) Я жду вашего ответа.

(Зал демин ичине алып бир саамга дымый түштү. Жооп болгон жок. Анан саамдан соң  зал жарылып кетти, кол чабуудан).

Кубанычбек Маликов. (Ордунан тура калып кыйкырды) Правильно! Правильно! Это вульгаризация!

Ауэзов. (Эл кол чаап басылганда) Какой вывод из этого напрашивается? «Манас» — истинно народное произведение! Он должен остаться киргизкому народу, навсегда!

(Залдагы эл жапырт президиумда олтурган Раззаков жана калган партиялык, советтик  элитага карашты).

Раззаков. (Көңүлү көтөрүлө, эки тарабындагыларга суроолу тигилип) Да, это уже очевидно!  (Президиумдагылар аны кубаттай баш ийкешти. Раззаков шарт ордунан тура калып терзеге басып барды).

Раззаков. (Терезеден аянтты көздөй өрөпкүй кыйкырып) «Манас» остался киргизскому народу!

(Ары жактагы (аянттагы) эл океан толкугандай күү этти. Конференция өтүп аткан зал эми кол чабууга көмүлүп калды. Элдер тура калышып дүркүрөтө кол чаап атышты. Президиумдагы республиканын жетекчилери, партиялык-советтик кызматкерлерлар да орундарынан тура калышып кол чаап киришти.

Баятан кабактары салыңкы Аалынын, Түгөлбайдын, Осмонкул, Молдобасан, Ысмайылдын жүздөрүн кубаныч аралап, ыйлашып, бири-бирин кучактап, куттукташып атышты).

 

Жыйырма төртүнчү баян

Ошондон бир аз убакыт өткөндөн кийин. Күүгүм чен эле. Саякбай менен Карамолдо дөңдө олтуршкан. Карамолдо дагы эле “Көкөй кестини” чертип, Саякбай тунжурап угуп аткан.

Аңгыча алыстан машиненин үнү чыкты. Саякбай селт этип карап калды. Экөө тең ордунан тура калышты.

Саякбай. (Карамолдого карап, бүшүркөй) Молдоке, тээтиги келаткан соо машине эмес го, капырай?!

Карамолдо. (Колун серепчилеп) Ооба, таар чүмбөтчөн бир кичинекей вилюс [2] бизди көздөй келатат, жолду чаңдатып, өлөөр-тирилээрине карабай. (Карап) Кечмеликтен өтүп, өр таянганда баткактан чыга албай ордунда чимирлип туруп калды. Ичинен бирөө түштү. Кубанычбек Маликов экен!.

Саякбай. (Жүрөгү алеп-желеп болуп) Кудай сакта!..

Карамолдо. Кыйкырып, бизди көздөй чуркап келатат!

Кубанычбек Маликовдун үнү. Саке-е-е!.. Саке-е-е!.. “Ма-на-ас” биз-ге кал-ды-ы-ы!..

Саякбай. (Уккан кулагына ишенбей, дел боло) Эмне дейт?!

Карамолдо. (Үнү каргылданып) Манас” бизге калыптыр, деп атат го!..

Саякбай. (Бир бакырып алды) Ак сарбашыл бабэ-эдин!!! (Көзүнүн жашы он талаа болуп, этек-жеңи жайыла Кубанычбекти көздөй жүгүрдү.

Карамолдо комузун колуна алып кубанып Саякбайды карап турду.

Ошондо бабээдин айтып өлөөр-тирилээрине карабай чуркап бараткан Саякбай дөңгө чыга түшүп, ошол бойдон токтолбой, оргуштатып  “Манас” айтып ийди).

Саякбай. Кагылайын, Манасым!

Кыргыз, кыргыз болгону,

Кыргыз атка конгону,

Кымбаты сенсиң калкымын!

Кагылайын, Манасым!

Кулаңдын оозун бура тур!

Кылымдап сени ырдачу,

Кыргыздын муңун уга тур!

Айланайын Манасым,

Аккула оозун бура тур!

Ааламга сени дүң кылчу,

Ак калпак элди уга тур!

Туйгунум, менин Манасым!

Тулпардын оозун бура тур!

Талыкпай сени ырдаган,

Таалайлуу элди уга тур!

(Ошондо бир сыр болду. Бир башкача доош чыгып, Аккуласын алкынтып, кырк чоросун жандаткан, Аккелтесин асынып, Кумайыгын ээрчиткен, кара чаар кабылан капталында камынып, чолок көк жал жолборсу аркасында чамынып, көсөө куйрук арстаны алды жакта аркырап, атырылып бир тийген айкөл Манастын элеси айлананы дүңгүрөтүп, жер чайпалтып чаап келатты...)

Аягы.

 

Май, 2016-жыл.

 

P.S. Бул пьеса “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн драмалардын республикалык конкурсунда жеңүүчү болгон.



[1] Файненшиал Таймс.

[2] Виллис.


Количество просмотров: 1237