Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Искусство, театр / Публицистика
© Кулмамбетов Ж.О., 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 18-ноябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Кыргыздын фольклордук театры

Макалада кылымдардан бери жашап келген кыргыздын фольклордук театры жана анын түрлөрү жөнүндө кеп болот. / Статья о том, что и у кыргызов испокон веков существовал фольклорный театр и его различные виды.

 

МАСЕЛЕНИН ЧЫГЫШЫ

Эмне үчүн кыргыз эли көпчүлүк учурда адамзаттын жалпы рухий агымынан артта калат? Кемсинет, өксүк комплексине тушугат?

Минтип айтканыма эки орчундуу себеп бар.

Биринчиси, китеп текчемде “Фолькорный театр народов СССР” деген, мындан чейрек кылымдан ашуун илгери чыккан, академиялык басылма турат (Москва, Наука, 1985). Китепте, чыгыш славяндардан тартып, азербайжан, тажик, өзүбек, казак, молдован, армян, бурят, мордва, дагестан элдери, абхаз ж.б. калктардын байыртадан келаткан оозеки көркөм маданиятына ар тараптуу илимий-методологиялык, көркөм-эстетикалык талдоо жүрүгүзүлүп, тыянагында бул көрүнүш ар бир аталган улуттун оозеки адабияты гана эмес, фольклордук театрлары да экени так, тааксын далилденген. Өкүнүчтүүсү – арасында кыргыз элинин оозеки маданияты жөнүндө кенедей да сөз жок.

Экинчиси, ошол эле жылдары ЮНЕСКОнун “Курьер” журналынын бүтүндөй бир саны дүйнөлүк эпосторго арналган. “Эпосы мира” деген ат менен чыккан. Бул журналда байыркы гректердин “Илиада” менен “Одиссеясын“ мындай эле коелу, индустардын “Махабхарата”, “Рамаянасы”, армяндардын “Давид Сасунскийи”, француздардын “Роланд жөнүндө ыры”, орустардын “Слово о полку Игоревеси” ж.б. көптөгөн чоң жана майда эпосторго орун берилген да, биз миллион сапка чейин жеткен океандай болгон (Ч.Айтматовдун аныктамасы) эпосубуз – “Манасыбыз” бар деп мактанып жүргөн улуу рухий мурасыбыз жөнүндө бир сап да маалымат жазылган эмес.

Албетте, андан бери мезгил өзгөрдү. Ал арада биз “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгиледик. Аны Ала-Тоодой эт тарткан, Ала-Көлдөй чык тарткан майрамга айланттык. Балким, ошентип төгүлүп-чалыгандын ордуна ошол майрамдоого кеткен чыгымдарды “Манас” баш болгон кыргыздын оозеки берметтерин ар тарапты иликтөөгө жумшасак, эмдигиче башка элдердин катарынан калбагандай деңгээлге жете турган илимий тыянактарды алат белек...

Анткени, ошол Көкөтөйдүн ашындай болгон чоң той өткөндөн бери улуу эпосубуздун универсалдуу көрүнүш экени туурасында, дегеле жалпы оозеки чыгармачылыгыбыз дүйнөлүк көркөм мурастар сыяктуу эле полисемиотикалуу кубулуштар экендиги жөнүндө бизде эмне иштер жасалды? Тилекке каршы – эч нерсе жасалган жок. Бул жагынан бир да кадамга алга жылган жокпуз.

Ырахмат, улуттук илимдер акадмиясынын тил адабият институту элдик оозеки мурастарыбызды кырктан ашуун том кылып басып чыгарышты. Бул баа жеткис эмгек. Бирок, ошол эле учурда кыргыздын оозеки чыгармачылыгынын универсалдуулугу, полисемиотикалуулугу, көп функциялуулугу көз жаздымында кала берди. Муну атайлап иликтеген, ага илимий аныктама берген, ушул кезге чейин эч ким болгон жок. Бул жагы өтө кейиштүү.

Менин ушул макаламдын жазылышынын эң башкы себеби да ушуга – кыргыз оозеки маданиятынын кемтигин толтурууга үлүш кошууга, болочок илимпоздого кандайдыр бир деңгээлде түрткү берүүгө, дегеле жалпы окурмандарга улутубуздун көөнөргүс мурастарынын бир беткей гана эмес, көп кырдуу кубулуш экендиген маалымат берүүгө багытталган.

 

АДАБИЯТ ГАНА ЭМЕС...

Тээ совет доорунан бери эле кыргыз элинин көркөм оозеки чыгармачылыгы калкыбыздын адабиятынын башаты катары каралып келе жатат. Талаш жок. Кыргызда эле эмес, жалпы дүйнөлүк адабият фольклордон башталат. Кандай гана калктын болбосун, жазма адабият жаралганга чейинки алардын каада-салт, ырым-жырым ырлары, кошоктор (плач маанисинде), ода, дифирамба, мактоо ырлары, жер иштетүү жана түшүм ырлары ж.б.у.с. оозеки чыгармачылыктын туундуларынан баштап, учурунда анонимдүү авторлор жаратышкан, андан соң эл ичинде муундан муунга өтүп тынымсыз жашап келген лирикалык поэмалар, дастандар, кенже жана улуу эпосторго чейин бүтүндөй бойдон фольклордук адабият деп саналат. Ал эми, ошол айсбергдин – оозеки чыгармачылыктын, туу чокусу катары дүйнөлүк адабияттын шедеври, байыркы доордун легендарлуу аэди кадимки Гомердин оозунан жаралган “Илиада” менен “Одиссеядан” тартып ага чейинки, андан кийинки жана ага жашташ эпосторду айтканыбыз ырастан эле мыйзамченемдүү көрүнүш.

Бирок, оозеки адабияттын классификациясына кирген ошол эле элдик оозеки чыгармачылык жалаң гана адабияттын энчиси десек, анда анын алкагын алда канча тарытып, бир гана кубулушка чейин ченеп-кысып, байлап-матап койгон болоор элек. Фольклор туурасында “Фольклорный театр народов СССР” (Москва, Наука, 1985) деген академиялык жыйнакта төмөнкүдөй аныктама берилген: “Но если в области литературоведения советская наука распологает рядом значительных работ, то определение места фольклора в системе искусства, его оценка как явления исполнительского творчества имеет еще много неизученных сторон” (аталган эмгек, 3-бет). Фольклордун көп кырдуулугун, полсемиотикалулугун, көп функциялуулугун иликтөөгө карата айтылган бул аныктама, биринчи кезекте, фольклордук чыгармачылык универсалдуу көрүнүш болуп эсептелээрин моюнга алып жатат. Ырастан эле, фольклордук көркөм чыгармачылык бир эле учурда оозеки адабият жана бир кыйла башка дагы көркөм өнөрдүн формаларынын милдетин да аткарат. Айрыкча жогорку аныктамада берилгендей, оозеки адабият аткаруучулук өнөр менен ажырыгас болуп тыгыз байланышкан. Эгер, конкреттештире турган болсок, оозеки адабият оозеки баяндоосуз – аткаруусуз ушунча кылымдар боюу өкүм сүрүшү дээрлик мүмкүн эмес болчу. Бир сөз менен айтканда оозеки адабияттын эң маанилүү компоненти – оозеки баяндоо же аткаруучулук болуп саналат. Бул дагы фольклордук чыгармачылыктын көп кырдуулугун – универсалдуулугунун айгинеси.

Эмне үчүн дүйнөлүк фольклордун энчиси болгон бул принциптер кыргыздын да рухий энчисине таандык боло албайт экен? Анткени, кыргыздын оозеки көркөм мурасы кутунун ичине катылган оролгон-чулгалган көрүнүш эмес, ал ошол эле бүткүл адамзаттын оозеки көркөм мурасы деп аталган дайраны кураган, анын сан миңдеген булактарынын бири. Башкача болушу да мүмкүн эмес. Демек, биз кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын оозеки адабият катары гана карабастан, көптөгөн улуттук өнөрлөрдүн формаларына да дал келе турган универсалдуу, полисемиотикалуу кубулуш катары карашыбыз керек. Эгер, башкаларын коелу, өзүбүздүн коңшуларыбыз өзүбектер, тажиктер, казактар жалпы илимий – методологиялык принциптерге таянышып өздөрүнүн фольклорун көп кырдуу көрүнүш, анын ичинде улуттук сахна маданиятынын салтуу формасы деп мүнөздөп атышса, эмне үчүн биз өзбүздүн “Манас” эпосу баш болгон оозеки мурастарыбызды да “кыргыз элинин фольклордук театры” деп айта албайт экенбиз? Же ага өзүнчө илимий концепция, өзгөчө принцип керек бекен?

Андай эмес, ошол эле башка элдердин таянган принциптерине салып, биз дагы өзүбүздүн улуттук мурастарыбызга тийиштүү аныктама берүүгө толук акылуубуз. Эгер айтылган ойду жыйынтыктай турган болсок – кыргыздын оозеки көркөм мурастары көп функциялуу формага ээ, алар оозеки адабият дагы, ал фольклордук театр дагы, ал эпикалык драматургия дагы болуп саналат. Башкача айтканда кыргыз фольклору биздин салттуу театрыбыз дагы.

Албетте, муну ушинтип айтып, мүнөздөп коюу менен чектелүү маселенин өзүнөн өзү чечилишне алып келбейт. Мындан ары, аны терең иликтеп, ага илимий аныктама берүү зарылдыгы келип чыгат. Ошондо гана, биздин улуттук оозеки чыгармачылык жалпы адамзаттык рухий мурастардын катарынан толук кандуу ордун таба алат.

Тилекке каршы, биздин илимпоздор, айрыкча адабиятчылар, искусство таануучулар менен философтор ушул мезгилге чейин кыргыздын фольклоруна оозеки адабияттын эски чапанын жаап, бир чети адабият айдыңынан алыс чыгаргылары келбей, бир жактуу карап, бир жактуу талдап, тээ 20-кылымдын биринчи жарымында эле илимий вердикт чыгарып коюшканынын дагы бир олуттуу себеби бар. Ал ошол кезде өтө кеңири өкүм сүргөн синкретизм принцибине байланышкан. Азыркыга чейин биздин улуттук илимпоздор синкретизм стереотибинен кутулуша элек.

 

СИНКРЕТИЗМ – АТКАРУУ МАДАНИЯТЫН СПЕЦИФИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Ушул кезге чейин кыргыздын улуттук фольклорун эң көрүнүктүүсү болуп саналган улуу “Манас” эпосунан тартып жана кенже эпосторду жана оозеки чыгармачылыктын кошок, төкмөлүк сыяктуу кээ бир түрлөрүн иликтөө негизинен бир өңүттүн үстөмдүгү астында – аны оозеки адабият катары кароого басым жасоо позициясынан каралып келген. Эпосту оозеки адабият катары саноо советтик мезгилге чейин эле канондошуп калган эчаккы көрүнүш болуп саналат. Ал эми оозеки чыгармачылыкты адабияттын алгачкы баскычы (стадиясы) катары эсептөөгө негиз болгон көрүнүш – синкретизм. Талдап көрө турган болсок, илим чөрөсүндө синкретизм ушул кезге чейин оозеки гана чыгармачылыкка аныктама бере турган белгилүү бир методологиялык принциптин милдетин аткарып келе жатат.

Илимде фольклордук адабият – сөз менен аткаруучулук өнөрдүн бири-биринен ажырагыс болуп айкалышы деп эсептелинет. “Синкретизм (от греческого synkrёtismos – соединение), 1) нерасчленность, характеризующая неразвитое состояние какого-либо явления (например, искусства на первоначальных стадиях человеческой культуры, когда музыка, пение, поэзия, танец не были отделены друг тот друга...” деген аныктаманы окусак, “Советский энциклопедический словардан” (Москва, “Советская энциклопедия”, 1984, 1206-бет), эмне себептен оозеки чыгармачылык фольклордук адабият катары саналып келатканына толук жооп ала алабыз.

Бирок, синкретизмди адамзат маданиятынын, анын ичинде адабияттын алгачкы баскычындагы гана көрүнүш катары карай турган болсок, анда чоң жаңылыштык кетирген болоор элек. Себеби, энциклопедиядагы берилген аныктамага таяна турган болсок, анда текст (адабий сөздүн эквиваленти маанисинде) менен аны аткаруу, текст менен аны музыкалык аспаптын коштоосунда ыр ырдоо (орусча айтканда пение ) сыяктуу өнөрдүн азыр ушул учурда да өкүм сүрүп аткан формалары дээрлик бойдон, ошол “өнүкпөй калган” деп мүнөздөлгөн категорияга түздөн-түз кирүүгө тийиш эле. Же болбосо, синкретизмди алгачкы стадия деп аныктоо менен биз анда азыркы сахна өнөрүнүн бир нече түрлөрүн жана элдик, академиялык, эстрадалык вокалды (ыр ырдоо – пение) таптакыр танган болоор элек. Ал эми, иш жүзүнө келгенде, тескерисинче, сөз жана аны аткаруу – театр, элдик, академиялык жана эстрадалык вокал өңдүү маданияттын түрлөрүнүн жүздөгөн кылымдан бери өкүм сүрүп келе жаткан жана азыр да активдүү өмүр сүрүп жаткан спецификалык өзгөчөлүгү болуп саналат. Маселен, театрда кандай гана сөз (адабий текст маанисинде) болбосун, биринчи кезекте ал аткарылат, башкача айтканда текст адамдын үнү жана анын интонациясы менен коштолот. Ал эми элдик, академиялык же эстрадалык вокалда ырдын тексти (поэзиянын эквиваленти маанисинде) адамдын үнү анын интонациясы менен аткарылып, коштолуп жана музыка менен да жабдылып, анан коштолот.

Көрүнүп тургандай, синкретизм – аткаруучулук өнөрдүн, а кеңири маанисинде алганда театр, оюн-зоок искусствосуна таандык анын табыгий өзгөчөлүгү болуп саналат. Башкача болушу дегеле мүмкүн эмес. Анткени, театр, элдик, академиялык, эстрадалык вокал сыяктуу аткаруучулук өнөр текст менен үндүн эч бир ажырагыс, бөлүнгүс ширелишинен турат.

Менимче, кыргыз адабиятын, айрыкча анын алгачкы стадиясын талдоодо синкретизмди методологиялык аныктама катары тутунгандар, аткаруучулук өнөрдүн мына ушул спецификасы тууралуу ойлонушкан эмес, ал тургай, көзгө көрүнүп турган фактыны элес алышпаган. Басымды адабият деген гана түшүнүккө жасашкан.

Эгерде биз, синкретизмди аткаруучулук өнөрдүн, а кеңири маанисинде алганда жалпы эле театр, ыр ырдоо маданиятынын өзгөчөлүгү катары карай турган болсок, анда фольклорго карата берилген айрым мүнөздөмөлөрдүн алкагын кеңейтүүгө жана калыптанып калган көз карашыбызды бир кыйла өзгөртүүгө туура келет.

Синкретизмдин биз жакшы билген кеңири бегилүү аныктамасына карата мурдатын калып алып калган стереотиптен чыгып, көз карашыбызды кеңейтүү менен, фольклордук адабияттын алкагын да алда канча кеңейте алабыз. Ошондо гана, фольклорду жалаң гана адабияттын шыбагасы деп эсептебестен, аны адамзаттын көркөм маданиятынын башка түрлөрүнүн да негизи катары колдонууга толук кандуу мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Негизи, көркөм өнөрдүн, анын ичинде адабияттын үч түрүнүн бири-биринен айырмаланышынын тактыгы жана алардын ар биринин семиологиясы (белгилери) шарттуу гана түрдө. Маселе башкада. Мейли Чыгыштын болобу, же Батыштын болобу, дегеле байыркы доорлордун көркөм вербалдуу (сөз) өнөрүнө таандык белги – синкретизм болуп эсептелет. Адабият теориясында айтылып да, аныкталып да жүргөндөй, синкертизм байыркы доордун көркөм вербалдуу өнөрүнүн өнүкпөгөндүгүнөн, жетилбегендигинен, мындайча айтканда түрлөр жана жанрлар боюнча бүгүнкүдөй болуп али профилдешпегендигинен эмес, тескерисинче ал анын ушундай формада кылымдар боюу жашап келген жана мындан ары да жашай бере турган өзгөчө касиети болуп саналат. Байыркы вербалдуу көркөм өнөрдүн артыкчылыгы ошондо.

Демек, ушул жагдайдан караганда, эгерде биз синкретизмди оюн-зоок өнөрүнүн спецификалык өзгөчөлүгү катары карай турган болсок, анда кыргыздын фольклордук маданиятын улутубуздун элдик сахна өнөрүнүн жана аткаруучулук искусствосунун башаты деп таанууга тийишпиз. Башкача айтканда, кыргыздын кылым артыкан нукура салттуу театры калкыбыздын оозеки чыгармачылыгы менен ажырагыс болуп жуурулушкан.

 

КОШОК – КЫРГЫЗДЫН ЭПИКАЛЫК ДРАМАСЫНЫН ЖАНА ЭПИКАЛЫК ТЕАТРЫНЫН БАШАТЫ

Менимче, элдик эпикалык чыгармачылыктын жаралышында кошоктун ролу баа жеткис. Эгер тагыраак айта турган болсок, кыргыз эпосунун көрүнүктүүлөрүнүн дээрлик көпчүлүгү кошоктон башталышы толук ыктымал.

Орус илимпоздорунун жоромолуна ылайык “Игорь кошуну жөнүндө сөз” поэмасына негиз катары княгиня Ярославнанын ыйы (жөн эле ый эмес текст менен коштолго ый, б.а. кошок) кызмат өтөгөн деп түкшүмөлдөнөт. Бояндын бул чакан поэмасында княгиня Ярославнанын кошогу минордуу ыр. Ал жоктоонун алкагында гана кала берет. Андан ашпайт да кемибейт да.

Ал эми кыргыздын кошоктору “Ярославнанын ыйынан” кескин айырмаланып, өтө парадоксалдуу көрүнүш болуп саналат. Пародаксалдуулугу ушул – күйүт экенине карабай, кошок биринчи кезекте каза болгон адамга карата ода (мактоо, даңктоо ыры) катары айтылат, кошулат.

Ушул азыр да кыргыздын ичинде кошоктун кандай айтылаарын, анда каза тапкан адамдын жасаган иштери, кылган эмгектери, кулк-мүнөзү даңкталаарын, макталаарын билебиз. Азыркы кошоктордун болжолдуу текстуралык түзүлүшүнө көз чаптырып көрөлү:

“Сен баланча, элиңди баккан эр элең,
    Сен баланча, Манастан качан кем элең.
   Сен баланча, бир уруу журтту асырап,
   Сен баланча, бир айыл элге дем элең...” 

– деп дагы толгон-токой мактоо айтып келип, аягын:

“Караңгүн, сендей эрден айрылып,
    Калкыңдын, канаты турат кайрылып.
    Калкыңдын, кабырга сөөгү сөгүлүп,
    Калкыңдын, көөдөндөн муңу төгүлүп,
    Калкыңдын, эми көргөн күнү не болот?!”

– деп минордуу маанайда бүтүрүп коет же улам мактоо бөлүгүн жоктоо менен коштоп жүрүп олтурат.

Проценттик катышы боюнча да кошоктун тексттинин басымдуу бөлүгү жалаң гана даңктоо, мактоодон куралат да, жоктоого аз көлөм тиет. Башкача айтканда кыргыздын кошогу – жоктоодон чыккан мактоо.

Ушундан улам кыргыздын улуу эпосу “Манас” да биринчи ирээтте кошок болгон, андан соң гана ага улам жаңы мактоолор кошулуп олтуруп улуу дайрадай болгон азыркыдай абалга жеткен болушу ыктымал деген жоромолдуу ой келип чыгат.

Анткени, “Манас” эпосунун жалпы пафосу – негизинен анын эрдиктерин мактоо экени дароо баамга түшөт. Ошол эле легендарлуу Ырамандын ырчысы кошок түрүндө Манасты жоктоосунан улам, ушул океандай болгон зор поэма жаралышы толук мүмкүн. Же болбосо Каныкейдин Манасты жоктоосунан куралышы да ыктымал.

Эгер биз кошокту кыргыз элинин эпикалык жанрын жаратуучу көрүнүш катары карай турган болсок, анда ага калкыбыздын эпикалык өнөрүнүн, улутубуздун фольклордук театрынын башаты катары аныктама берүү мыйзамченемдүү көрүнүш болуп саналат.

 

ТЫЯНАК

Мурдагы советтик идеология коммунисттердин заманын даңазалаш үчүн, анын артыкчылыгын көрсөтүш үчүн кыргыз элинде совет бийлиги орногонго чейин театры, адабияты, музыкасы болгон эмес, алардын баарын Кеңеш өкмөтү берди деп саймедиреп келген вульгардык теорияны төгүндөй турган мезгил келди.

Дүйнө жүзүндөгү калктардын ичинде жалпы адамзаттын энчисине таандык кандай рухий асылдыктар, көркөм-эсткетикалык баалуулуктар бар болсо, ошонун баары байыртадан эле кыргыз элине да мүнөздүү. Кудай андай шыбагадан биздин калкты да кур койгон эмес. Тескерисинче, элибиздин колунда, таланттарыбыздын кереметтүү оозунда “Манас” сыяктуу универсалдуу, көп функциялуу, полисемиотикалуу зор дайрадай болгон эпостон тартып, ар колоттон кулаган булактай аккан кенже эпостор, оозеки көркөм чыгармачылыктын баардык түрлөрү жана формалары өкүм сүрүп жатат. Маселе, эми ошол көөнөргүс рухий байлыкты ийне-жибине чейин изилдеп, ар бирине спецификалык өзгөчөлүгүнө жараша илимий аныктама берип, жалпы адамзаттык тенденциялардын катарына кошуу.

Ал өзүбүздүн колубузда. Биз үчүн аны эч ким жасап бербейт.

 

© Кулмамбетов Ж.О., 2013

 


Количество просмотров: 4302