Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Сын, адабият таануу, Сын / Публицистика
© Надзирабегим Кулболдиева, 2009
© «Тамчы», 2009
Макала Адмирдин жана автордун уруксаты менен чыгарылды
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 5 марты

Надзирабегим КУЛБОЛДИЕВА

Виват-Жаштар!

Жаш калемгер – Адмир – Жылдын Мыкты Адамы

"Тамчы", № 7 (137), 2009 гезитинде басылган

 

Жашоонун жаркын сереси жаштык кез эмеспи. Жашоо түгөл, бүт дүйнө сенин колуңда сымал сезилген убак. Чоң максаттардын кучагында, аалам сырларын билгиң келип бардык жаңылык, ачылыштарга көз жүгүртөсүң. Улуу тилектер, дүйнө сулуулугуна болгон суктанууң сени алда кайда алып барат. Алгачкы сезим, алгачкы эргүү, алгачкы кадамдар... Ооба бардыгы алгачкы кадамдан башталат.

Урматтуу окурман биз жаштардын, алардын арасында жөн гана жаштардын эмес, алгачкы ийгиликтерге жетишип келечек үчүн умтулган ар кыл тармактагы, келечек инсандары үчүн “Виват-Жаштар!” рубрикасын ачууну туура көрдүк. Бул рубрикабыз албетте жөн гана каарманыбыз тууралуу жазып коюу эмес. Биз анын шыгына-шык кошуп улуу жолдорго болгон максаттарына көмөк көрсөтүү, моралдык жактан көтөрүү. Мен Кыргызстандын келечеги үчүн күйөм деген жаштарыбыз үчүн биздин жан маек рубрикабыз сиздердин назарыңыздарда. Балким сиз биздин кийинки коногубуз болуп жүрбөңүз! Анда эмесе биздин биринчи каарманыбыз менен таанышып ийгилигине бирге күбө бололу.

 

“Жылдын мыкты адамы”

 

Адмир деген ысым албетте көбүнө тааныш эмес. Бул ысым адабият жанрында жаңы кадамдарын таштап, башталгыч ийгиликтерине жетишип келе жаткан жаш жазуучу, фантазер. Бир көргөн адамга токтоо мүнөзү, өзгөчө стили менен көңүл борборунда болсо да жөнөкөй гана катардагы жаштардын бири сезилет. Биринчиден ал албетте кыргыз элинин кулуну, патриот, намыскөй жигит.

Адмир эл аралык кызматташуу боюнча адис, бир канча чет тилдеринде эркин сүйлөй алат. БУУнун испаниялык өкүлчүлүгүндө, эл аралык бизнес тармагында иштеп, өзүнүн ишке болгон жөндөмдүүлүгү үчүн аталган уюмдун Нью-Йорктогу штаб-квартирасынын атайын сыйлыгы менен сыйланган. 2008-жылы өткөрүлгөн “Жылдын тандоосу”-“Жылдын мыкты адамы” фестивал-сынагында “Адабият жана искусство” номинациясы боюнча китеп дебюту-проза сыйлыгынын ээси. Албетте мындай жаңы башталган ийгиликтин арты менен дагы да көп нерсеге умтулуп максат кыласың.

Ал эми Адмирдин адабиятка жана искусствого болгон табигый шыгы, кызыгуусу эрте эле башталган. Өзүнүн эң биринчи жомокторун, кыскача аңгемелерин мектеп партасынан баштаган, андан кийин ийгиликтин башаты болгон төрт чыгармасы жаралды. Бул чыгармалары жакында эле жарык көргөн “Баракчадан башталган сүйүү” (Любовь с обложки) китебинде кеңири баяндалган. Ал эми жаш жазуучунун өнөр сандыгында көптөгөн мыкты сынак, кечелердин долбоорлору, сценарийлери бар.

“Кыялдануу керекпи, дегеле ошол кыялыңды чындыкка айлантуу мүмкүнбү? Жашоо көп жетишкендиктерге толтура. Алардын ичинен адам баласына таандык сапаттарга ээ болуу албетте, ар бир кыялдын орундалышына алып келет”, — дейт жаш жазуучу.

Адмирдин чыгармалары сүйүүгө, драматизмге, жанга маанай тартуулоочу азилдерге жана учу кыйырсыз фантазияларга бай. Мисалы, китебинде жарык көргөн “Саякатчы бака” жомогунун уландысы “хэпи энд”. Анда саякатчы бака өрдөктөр менен асманда учуп бара жатып, кичинекей кемчилигинин айынан жерге кулап, сазга түшүп калат. Ошентип баканын түштүккө барам деген кыялы орундалбай калган. Ал эми жаш жазуучу бул жомоктун экинчи эпизодунда баканын кыялынын орундалышына жардам берет. Анда бака түштүккө чейин учуп барып жандуулардын эң сулуу мегаполиси Амфиби-ситиге туш келет. Бул жаңы дүйнөдөн саякатчы бака “Мисс травельски” наамына ээ болот. Же болбосо “Баракчадан башталган сүйүү” романтикалуу аңгемесинде Тянь-Шаньдын тоолорунда жашоочу Айдын деген чабан баланын италиялык кызга болгон арзуусунда Адмирдин чыгармачылыкка болгон бүткүл сүйүүсү билинет.

 

Улуу инсандар Адмирдин чыгармачылыгы тууралуу

 

Муратбек Бегалиев, композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, академик.

— Жаш талант Адмирдин көркөм прозасында камтылган чыгармаларынын жыйындысы, анын жаш муундун дүйнөгө болгон көз караштарын терең түшүнүп, өзү жазган каармандарынын жашоосунун чыныгы фактурасын билгендигинде. Жаш болсо да таланты эч кандай шек санатпайт. Ар бир барагында кандайдыр бир жагымдуу романтика, руханий жана диний учкул маселелер көтөрүлгөн. Бул китепти биринчилерден жаш муундарга сунуштоо керек. Албетте бул чыгармалар бардык жаштагы окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Мен авторду алгачкы кадамдары менен куттуктап, чыгармачылык ийгилик каалап кетким келет.

Талгат Мусабаев, учкуч космонавт, авиациянын генерал-лейтенанты. Казакстан Республикасынын улуттук космос агенттигинин төрагасы.

— Жаш жазуучунун чыгармасы менен кызыгуу менен тааныштым. Ар бир төрт повесть бири-бирине окшошпогондугу мени ыраазы кылды. Мага өзгөчө таасир калтырган “Каприз Вселенского разума” фантастикалык чыгармасы болду. Анда көптөгөн режиссер, жазуучу, документалисттерди ойлондурган табылгыс жообу бар, “ааламда адамзат жалгызбы?” деген суроо коюлган. Космос менен бетме-бет туруп, бийиктиктен өз планетабызга караган адамга, адамзаты өзүнө-өзү кылган мыкаачылыгы абдан жүрөк өйүтүп сезилет. Чыгармада “Бир гана адам баласы адамзатка жашоонун башка-башка алкагы жөнүндө так жана түшүнүктүү айтып бере алат”-деп айтылган. Мен бул ойдун уландысын да ойлоп жатам-бир гана адам аны курчаган ааламды ар кандай кырсыктардан алыс, бактылуу кыла алат. Ал эми буга күч бир гана сүйүү саналат. Албетте сүйүү бактылуулуктун бардык мезгилинин негизи. Адмирдин жазуучулук чабытында улуу бийиктиктерди каалайм.

Айгуль Мукей. Тележурналист, “Хабар Агенствосу” АКсынын маалымат программалары боюнча дирекциясынын директорунун орун басары.

— Адмир бул жыйнагын биздин улуу замандашыбыз Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арнап жазган. Бирок автордун улуу жазуучунун ар бир сөзүн туурайм деген эч бир ою жок. Адмир өз ишинде чыгармачылыктын өзгөчө жолун тандап алган. Бул жашоону кээси “ааламдашуу” десе, кээси каршы ойдо. Ал эми Адмир менин оюмча ошол эки ойдун ортосундагы өзүнүн алтын ордосун тапкан. Өткөнгө сый көз караш менен бирге бардык жомоктордун соңу бактылуу болот деп ишенген кыялкеч адам. Ал фантазияны ишке ашыра ала турган, кыялданып окурмандарын ошол кыялдарындагы өзгөчө ааламга бирге алып жүрө алган чыныгы автор.

Негизи эле чыгармачылык адамдардын алгачкы эргүүсү бир нерсенин таасири алдында болот. Ал эргүү адамдын ички дүйнөсүн бүт төгүп берет. Кубанычын, кайгысын, жаман-жакшысын. Кээси ыр менен баяндаса кээси кара сөз менен билдирет. Анан барып ал чоң прозага, романга айланат. Балким жан дүйнөсү чыгармачылыкка шериктеш адамдардын жашоого болгон көз карашы, арзуусу ушунусу менен кызыктыр.

 

Адмир: “Фантастика менин жашоомдун бир бөлүгүн түзөт”

 

— Чыгармаларың чындыгында эле жогоруда белгилегендей өзгөчө экен. Учурда сен курактуу өсүп келе жаткан жаш таланттарыбызга эмне деп кеңеш берээр элең. Албетте алар сага окшоп чет жакаларга чыгып башка элдин маданият, адабияты менен бетме-бет тааныш эмес. Ал эми сенде бул кадамдар арышталган. Чыгармачылыкта күнүмдүк нерселерден, окшоштуктан алыстоо, башкалардан айырмалануу болот эмеспи. Себеби көп жаш жазуучулардын жаратып жаткан эмгектери негедир бири-бирине окшош.

— Өзгөчөлүк ар бир адамзаттын кандайдыр бир эталону деп эсептейм. Ошол сыңары ар бир жаш жазуучу болобу же кандайдыр бир башка тармакта эмгек жаратып жаткан курбалдаштарым болобу сөзсүз түрдө изденүүсү керек. Изденүү деген ай-ааламды кыдыруу эмес, ички дүйнөңдү изилдөө, кандайдыр бир жаңы ачылышты жасоо. Ошол ички дүйнөңөн тапкан жаңы нерсең сени өзгөчөлүккө алып келет. Өзгөчөлүктөн албетте адам баласын шок кыла турган нерсе пайда болот. Анын баары жаңылык, ошентип сен көпчүлүктүн арасынан суурулуп чыга аласың. Күнүмдүк, окшоштук нерсе — бул мен үчүн бүгүн бар болсо, эртең жок дегендей. Ал эми менин чөйрөмдөгү жаштар менин бул сөзүмө таарынышпастыр. Изденүүнүн оорчулугу деле жок. Адабият, искусство, маданиятыбызга күнүмдүк эмес түбөлүктүү, татыктуу, улуу муундардан алкыш ала турган салым кошушубуз керек.

— Бул жыйнагыңды Чынгыз Айтматовдун жаркын элесине арнаптырсың. Качан бул эмгегиңдин үстүндө иштей баштадың эле? Негизи эле сага эмне түрткү болду?

— Бул жыйнакты беш жыл мурун баштагам. Кыялымда толугу менен жазып бүтүрүп, улуу жазуучу агайыбызга белек катары берип, ал кишиден сын-пикир, бата алгым келчү. Бирок жетише алган жокмун. Өкүнбөйм, тирүүлүк албетте адамзатынын колунда эмес. Бирок өзүмдү таштабастан аягына чейин чыгып, улуу жазуучубуз арбагында колдой жүрсүн деген ниетте китепти анын элесине арнадым. Бул мен үчүн чоң сыймык. Эмгегим көптөгөн белгилүү инсандардын алкышына татыды. Албетте бул менин алгачкы эле кадамдарым деп айта алам. Мен үчүн дагы ийгиликтердин эшиктери кучагын жайып күтүп турат деп ишенем. Ал эми чыгармаларымдын негизги бөлүгүндө фантастикалык көрүнүштөр камтылып, ар бир жаралган чыгармаларымдын аягы сөзсүз түрдө кубаныч менен бүтөт. Кичинемден эле адабият, искусствого жана фантастикаларга кызыгып келем. Өзгөчө чет мамлекеттик “Жылдыз жоокерлери” деген фантастикалык кинонун бир дагы бөлүмүн калтырбай көргөм, азыркыга чейин кайра-кайра көрө берем.

— Азыркы жаштардын аң-сезимине бардык нерсе акча менен бүтөт деген ой сиңип калган. Буга сен кандай көз караштасың? Сенин чыгармачылык ишиңде акча каражаты кандай роль ойнойт?

— Албетте финансы каражаты бардык жерде керек. Канча каражат кетсе ошончо эмгек дагы талап кылынат. Менин китебимдин чыгарылышына жакшы эле кетти аны жашырбайм. Жасаган эмгегиңди элге тартуулагың келсе албетте сен үчүн эч кандай тоскоолдуктар көзгө көрүнбөй калат. Каражаттын жетишсиздигинин айынан эмне деген чыныгы жаш таланттар чыга албай жатышат.

Ооба, Адмир үчүн алгачкы кадамдар арышталып, чыгармачылыктын жанар тоосундагы тоскоолдуктардын жолунда өз изин таба баштады. Анын ар бир ийгилиги биздин улуттун, мамлекетибиздин сыймыгы. Каарманыбыздын чыгармачылык улуу ашууларында талыкпас эмгекти каалап, тайгаланбай, сынбай бийиктеп бийикке көтөрүлүп, жаңыдан күүлөнүп күч алган канаты кайрылбай ааламды кучагына ала берсин деген терең тилектерди айтаар элек.

 

© Надзирабегим Кулболдиева, 2009
    © «Тамчы», 2009

 

Ошондой эле “Писатель Адмир J.K. и его дебютная книга «Любовь с обложки»” макаласын карагыла

Ошондой эле "Перо АДМИРала" макаласын карагыла

Ошондой эле "Путь к мечте" макаласын карагыла

Ошондой эле "Любовь с обложки" китебин карагыла

 


Количество просмотров: 3937