Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий мурас / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Эралиев С., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 21-марты

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ

Согушта сен жөнүндө

Ырлар

С.Эралиевдин «Тандалмалар» (Бишкек, 2009) китебинин бир бөлүгү болуп кирген ырлар жыйнагы.

Эралиев Сүйүнбай. Тандалмалар: Ырлар, котормолор. — Б.: Бийиктик, 2009. – 380 б. китебинен алынды

УДК 821.51
ББК 84 Ки 7-5
Э 74
ISBN  978-9967-13-582-6
Э 4702300200-09

Нускасы 500

 

СОГУШТА СЕН ЖӨНҮНДӨ

1.
Баратып кышкы чабуулда,
Билбеппиз түндүн киргенин.
Ак карга кирди жабыла,
Ар ким үңүп бир жерин.

Тердеп келген тер катып,
Дене музга айланды.
Бирде туруп, бир жатып,
Мен да таппайм  айламды.

Жок, «айлам жок» деш бекер,
Сен кылт эттиң оюма.
Ток тийгенден беш бетер,
Тарап дене-боюма.

Сен жөнүндө сезимди,
Жазданам да, жамынам.
Кар «кырт» этсе, сенсиңби,
Деп ойлонуп, жаңылам.

От чыккансыйт денемден,
Кар да болсо жатканым.
Тоңуп өлөт элем мен,
Мында да бир сактадың...

2.
Окшоп өчүп жалыны,
Чогу калган бир отко,
Күндүн батып жарымы,
Кеч башталды фронтто.

Баары жым-жырт, келгени,
Ким көрүптүр кечти андай!
Катуу кыргын жердеги,
Болбогонсуп эч кандай.

Болор-болбос шуудурап,
Токой желге урунат.
Шылдырап да шыңгырап,
Суу да алыстан угулат.

Мен төрөлгөн жакта да,
Булак минтип акчу эле.
Арчаларды аскада
Жел ыргаса жакчу эле.

Булут минтип көччү эле,
Минтип кирчү кеч деле.
Сен ыкталып ийниме,
Бийлээр элек кечеде.

Жоо бузган ошо кечени,
Эстетет ушу кеч эми.
Дайым көздө элесиң
Жанда жүргөн кечээги?!

Переделкино

 

***

Билем, азыр ойлуу тиктеп турасың,
Мага,сага тааныш Кур-Таш кылаасын.
Бул мүнөттө болсо дейсиң жанымда,
Жоодо жүрөм, жокмун, кандай кыласың?
Бирок ошо менин колум өңдөнүп,
Кечки шоокум маңдайыңан сыласын!

Билесиң, жок башка кылар жардамым,
Биздин сүйүү менин ишим аркылуу,
кирдебесе, деген намыс-ардамын,
А көрөрбүз тагдыр жазган ар жагын...
Биздин күздүн жели муздак болчу эле,
Кой, үшүйсүң, кой, үйүңө бар, жаным?!

Фрунзе

 

УЗАТАРДА

Узатарда эл бар эле көптөгөн,
Колдоруңду кыскан болуп бекемдеп,
Бирок сени эмне үчүндүр өппөгөм,
Эми өкүнөм, боштук кылган экем деп.

Жароокерим, айтсам эгер ачыгын:
Баласы үчүн тоодо жүргөн малчынын,
Адеп күтүп башкалардын алдында,
Кыздан бетер мен кыбылжып калчумун.

Эгер анда мен сындырсам шагыңды,
Өтүнөрүм, кечир жаштык  жагымды?
Мен өзүмдү эми түзөп жүргөнсүйм,
Жоо талашып жаткан жерде багымды.

Фрунзе

 

АСЫЛКЕЧ

Ой асылкеч, калчу эмессиң унутта,
Өрттү кечип, жоодо жүргөн кезде мен,
Ок атышуу тынган ар бир минутта,
Улам-улам улутуна эстегем.

Не бир кызуу чабуулдарда, кармашта
Биз душманды, душман бизди сездеген,
Элесиңди эсте тутуп ар башка,
Минут сайын мен канча ирет эстегем.

Капысынан кирип барып, тез гана
Же кыштакты, же калааны көздөгөн
биз бошоткон кубанычтуу кезде да,
Мен өзүңдү сагыныч менен эстегем.

Же жатканда блиндажда тактада,
Ар кимибиз өз эрдигин сөз менен
жетине албай айтып жаткан чакта да,
Мен өзүңдү ыйлай жаздап эстегем.

Элге апкелип тынч мезгилди мурдагы,
Биз жеңишти көрүп кайттык көз менен.
Бирок менде күн болгон жок бир дагы
Сен сагынтып, жүрөгүмдү эзбеген!

Фрунзе

 

***

Аягын чапчып буулуккан,
Атымды алып суулуктан:
«Шашпасаң, азга токто?» — деп,
«Сагынар бекем жокто?» — деп,
Жаш чайган аппак жүзүңдү
Жашырдың аттын жалына,
Жайылып чачың далыңа...

Жоготпой ошол элесиң,
Жөнөгөм жоого мен өзүм.

Үч-Эмчек       

 

АГА ЧЕЙИН

Билбейм, дагы канча окоптор казылат,
Жанды жалмап учат дагы канча октор?
Ойлойм, сөзсүз согуш бир күн басылат,
Басылганын барлар көрөт. А жоктор?

Анда, жаным, атпай муздап куралдар,
Айыл-айыл жерге тарайт бу балдар.
Жер бетинде калат канча мүрзөлөр?
Эми аларды күтпөйт тууган дубалдар.

Сен сурайсың: согуш сөзсүз токтойбу?
Сөзсүз токтойт... ага чейин а бирок
да суюлат адамзаттын токою,
Болот али көп «дарактын» орду жок...

1944-1979-жылдар

 

ЫР МЕНЕН

Өмүр өтүп келет жалаң ыр менен
Бирдей көрүп азабын да, асылын,
Кээде кетет мага келбей кыр менен.
Эмнеликтен?
                   Билбей келем бул сырын.

Күтүп чарчап,
                        жан тажаган учурда
Туруп кетип көңүл чөктү маанайда,
Тоону тиктеп ак мөнгүсү учунда
Шыбыр салып сырымды айтам мен ага.

Биздин жердин: 
                           чөбү,
                                    суусу,
                                               абасы
Жаш күнүмдөн сиңген менин денеме.
Жениш күндөн берки мезгил арасы
Өтпөгөнсүйт кулуну өлгөн энеге.

Мен алардын ак чачына табынам.
Жоокерлердин мүрзөсүнө коюлган
жалгыз тутам гүлгө арзыса табылгам—
Болмок карзым алынгандай моюндан.

1980
Малеевка

 

ДАЛЕ

Дале менин көрүп моокум кана элек
Жер бетинде сулуулуктун барысын.
Дале умтулуп жашоо менен жан алек,
Акташ үчүн адамдыктын карызын.

Дале менин бутум басып бүтө элек,
Бул дүйнөнүн узун, кыска жолдорун.
Ойлор жаркып келип турса ителеп,
Ыр жазуудан  кайдан жадайт колдорум?

Өмүр барда эмес эч бир түгөнмөк,
Бул турмуштун туюк сыры, тетиги.
Өзүмдү-өзүм көрсөм бүгүн түгөлдөп:
Дале бардай курчуу менен жетилүү.

Жерде түгүл,
Жылдыздарда бар ышкым.
Көктө жүрсөм алар менен агышып,
Ак көшөөрүп
Келет тынбай жарышкым,
Мезгил менен мен үзөңгү кагышып.

1980
Малеевка

 

ЧАТ-БАЗАР

Түштө келсем,
Болгун кечте атказар,
Жумушум бар,
Мен кайрыла кетемин,
Андан ары он чакырым Чат-Базар
Кошуп турган эки Талас этегин.

Мен ал жерде чүкө атышып өскөмүн,
Мен ал жерде окуп жүргөм жашымда.
Сүттү-Булак, Чон-Токойдой бөксөнүн.
Тааныйм ар бир жерде жаткан ташын да.
Бирок анда башка болчу Чат-Базар:
Адам,
         аттын,
                   арабанын
                                   көбүнөн,
Жатар эле жай табылбай бут басар,
Көк буу атып, тарап улам көгүнөн.

Соода кызып,
                   жалпы ачылып дүкөндөр,
Кез мал сатчу дубалдарга жөлөшүп.
Ашпосунан таттуу тамак күткөндөр,
Ичик, тончон кирип-чыгып жөөлөшүп.

Жаңырыктап көп улуттун тилдери,
Бака-шака, күрү-күүге толчу эле.
Биздин бала курактарда, илгери
Чат-Базарда базар шаңдуу болчу эле.

Картиналар бүгүн башка Чаттагы:
Бир кезекте батпай жатчу ал арбын
Жок өгүз да,
                  араба да,
                                  ат дагы,
Машиналар баскан ордун алардын.

Адамдар да анда сейрек токтолот,
Келе калган автобуска түшөт да,
Зып деп дароо көздөн кайым жок болот,
Бүгүн бары көнүп алган бу шартка.

Бирок калды жалпак тамдар баягы,
Дубалына дубалдары окшошкон.
Бута атымдай үч көчөнүн аягы,
Турат дале боз чаң учкан Үч-Кошкон.

Биз го макул,
Дайым жүргөн тыштагы,
Ал эми анда такай жашап тургандар
Ойлобойбу оңолсун деп кыштагы?!
Ой, кенебес,
                    жолуң болгон туугандар!

...Кечте келсем,
Түштө болгун атказар,
Уктап калып, ойготуудан жаңылба.
Он чакырым ары барсам Чат-Базар,
Атактуу жер Таластын баш жагында.

1980
Көк-Токой

 

МЕЗГИЛ КАЛАТ

Мезгил өтөт,
«Өтөт» деген аз бул да,
«Учат дейбиз, кудум аткан ок болуп».
А чынында:
Ар кыл форма, мазмунда
Мезгил өтпөй, кала берет токтолуп.

Башкалардай
Анын да бар өмүрү,
Мезгил жашайт кыштын аппак карында,
Мезгил жашайт
Дайраларда көк ирим,
Биз урунган буюмдардын баарында.

Жашайт жолдо
Биз сапарга жөнөлөр.
Жашайт ар бир көпүрөдө суудагы.
Мүрзөдөгү
Жайнаган көк дөбөлөр -
Токтоп туруп калган мезгил бул дагы.

Мезгил жашайт
Сенде, сенин өңүндө,
Күндөр болуп
                    бирде чыгып,
                                        бир баткан,
Жылдар болуп,
                     кирип келип өмүргө,
Ошол бойдон түбөлүккө тим жаткан.

1980
Малеевка

 

***

Бул турмушта:
                     чоң,
                           кичине болобу,
Деле бизди кубандырган нерсе көп.
Чынында да ошо чыгар оболу,
Эрте карып кетпегенге бир себеп?


Анысын да албай эле капарга,
Ар нерсеге мен кубана беремин.
Жорго басык
                  сын-сыпаттуу аттарга,
Мейли мага тийгизбесе керегин.

Август айда,
                  күн чыйылдап тийгенде,
Талааларга
                  боз чаң учуп кубарган,
Шатырата жамгыр төгүп ийгенде,
Карап туруп мен асманга кубанам.

Мен кубанам:
                  сапар чегип баратып,
Каркыралар консо тоонун кырына,
Же мен өзүм тердеп жатып жаратып
Алган ушул анча-мынча ырыма.

Же бир көрктүү үйүн көрсөм калаанын,
Же дарактын жаңы ачылган бүрүнө,
Же борсулдап күлгөнүнө баланын,
Жөп— жөнөкөй нерселердии бирине,

Күрпүлдөгөн тоо суусунун шарына
Мен кубанам, эми көргөн өңдөнүп...
Бирок ошо кубанчымды барыңа,
Берер элем кыялымда тең бөлүп.

1980
Көк-Токой

 

ТИЛЕНҮҮ

Жай саратан,
                   кан катырган күн аптап,
Кере жуттум,
                   өзөн суудан шар аккан.
Табиятка миң мертебе ырахмат,
Бу дүйнөгө суудай укмуш жараткан!


О, кудурет,
               ар адамга бир энчи —
Табиятты
               калтыр өз-өз жайына,
Жер үстүндө бүтпөс болуп суу кенчи:
Тунук турсун,
               таза турсун дайыма!!!

1980
Көк-Токой

 

БУЛ ЭМНЕ?

Бапыйган мамык карга шагын ийип,
Дүмпүйөт Малеевка дарактары.
Бул күндө баары бирдей аппак кийип,
Тизилген аскер окшойт параддагы.

Аралап келатабыз биз арасын,
Көз артып бийик, шынга бойлоруна.
Карасаң сен да ошончо узарасың,
Чыккандай шаты коюп ойлоруңа.

А кээде биздин ойлор жетпей турган,
Булардын бар ачылбас сырлары да:
«Шырт» этсе желге бири четте турган,
Кошулат баары ошонун ыргагына.

Бул хорбу, бири баштап жалпы бүткөн?
Хор болсо, кандай жакшы жарашыгы!
Болбосо бирин-бири кагып-силккен,
Булардын түгөнбөс чыр— талашыбы?

1980
Малеевка

 

КӨЗ ИРМЕМ

Дүйнөдө бар өсүү да, жаңыруу да,
Аларсыз мүмкүн эмес жерде жашоо:
А бүгүн башка жакта агылууда
Дайралар, кечээ гана делген «азоо».

Бары да көз ирмемден, бир заматтан,
Дааналап билип көрчү чек араны:
Түн кайра күнгө айланып бара жаткан?
Болбос дейм өлчөп аны, ченеп аны.

Көз ирмем, биз сөз кылып жаткан ушу
                                                     жок болсо,
Кыймылдарга түрткү бермек 
                                          кайсы күн?
Ал барынын башталышы.
Жерди да алгач ошо койгон термеп.

Көз ирмем! Бар менен жок кошулганы,
Көз ирмем! Учту-кетти, угуп турчу,
Белгисиз андан ары эмне бары?
Бирок ал кылымдардын уюткусу.

Көз ирмем: Учур. Азыр. Ушу замат.
Ал мүмкүн ылдам секунд, сезимдерден?
Мен аны жаткандыгым даңазалап:
Жаралгам өзүм дагы көз ирмемден.

1980
Малеевка

 

***

Көп жашап, жаман-жакшы көрдүң, макул,
Андыктан уулуңа жөн айтсаң акыл,
А бирок дайым окшош боло бербес,
Турмуштун адам басар жолдору ар кыл.

Ар жылдын башкасыңар көктөмдөрү,
Адамдын башынан да өткөндөрү
ар башка,
                ошондуктан бирөөнүкү,
Бирөөгө оңой эмес көктөлмөгү.

Балага ата-энеси коет талап,
Бир гана илгери үмүт, тилек каалап.
А кийин анын бары унутулуп,
Тек гана турмуш берген сабак калат.

1980
Малеевка

 

МАГА КЫМБАТ

Мен турмуштан сабак алган кишимин,
Жүргөн дайым басмырттыгын көрүп эп.
Анткен менен баштап алган ишимин,
Бүткөнүнөн бүтпөгөнү көбүрөөк.

Ооба, курбум, аргасызмын шашууга,
Антем десем чукул барып калгамын,
«Алтымыш» аттуу көк мелжиген ашууга
Андан бетер сүрдүү сезем ар жагын.

Күндөр учат — дарактардан кулаган
Күзгү саргыч жалбырактар сыяктуу.
Улам жакын калган сайын улагам,
Мага кымбат жалгыз дүйнө Ыр аттуу.

1980
Пицунда

 

***

Акым жок өксүп-мүчүүгө,
Акыркы «аккуу ырым» сен.
Ажалым жетсе, ичимде
Айтылбай калчу сырым сен.

Биз өтсөк бизди эстетип,
Бир жүргөн ушул кез калар.
Кечкисин чыгып биз басчу
Көчөлөр анда эске алар.

Биз жокто башка жел согуп,
Биз жокто түшөр башка кар.
Анда да өзүң олтурган
Адырда кызыл таш калар.

Жалт этип учкан учкундай,
Сүйлөшкөн ынак сөз калар.
Санаа жеп ичтен кез-кезде
Ким издеп бизди көз талар?!

Адамзат сүргөн өмүрдүн
Аздыгы буга бир себеп...
Тийгиче огу Теңирдин
Кадырды биле жүрсөк эп?...

1980
Фрунзе

 

ЭТЮД

Жалбырыктар делдең-делдең желге ойноп,
Жалбырактар— окшоп жердин кулагы,
Аркандалуу чебич мисал какшанып
Ар өзөндүн, ар жылганын булагы,
Чөптүн,
            суунун,
                        желдин,
                                    малдын үндөрү,
Уйкаштыкка келген азыр бир жаңы,
Үндөштүктү тапкан азыр бир жаңы.

Аркы төштө кызыл кийген кыз келет
Жерге сыйбай чатырап,

Толуп турган он сегиз жаш курагы.
Кой четинде ырдап келет, кып-кызыл
окшойт азыр ал ырдаган ыр дагы.
А тигинде ак мөңгүлөр шаңкаят,
Бул, пейзаждын бир үзүгү, ыргагы.

1980
Сары-Булак

 

***

Өзүмдүн эски баскан жолдорумду,
Жок, жаным, мен алиге унутканым.
Андагы сапарларда болду орундуу,
Үстүмдө калкып турган булуттарым.

Жолдордо -тынбас улуу күрү— күүдө,
Шарактап аркы-терки турмуш көчүп.
Жер бүткөн тегирменче жүгүрүүгө,
Өмүрлөр жалт-жулт этип күйүп-өчүп.

Бир убак өзүң жаткан бешигиндин,
Куду окшоп жай термелип кычырашы..
Жер жылса, бет алдынан эшигиңдин
Узатып кош айтышуу, учурашуу.

Барабыз жөнөлгөндөн биз жөнөлүп,
Бүгүндөр эртеңдерге кырдуу сунуп.
Анан да ай төрөлүп, күн төрөлүп,
Алардан жаңы бир жыл тургузулуп...

1980. Октябрь
Пицунда

 

КАЙДАН ЧАРЧАСЫН

Ойлор, кээде жанчасың да эзесиң,
Түгөткүчө өмүрдун бал кесесин,
Алдыдагы күндөр менен алгым бар,
Бошко кеткен өмүрүмдүн эсесин.

Ойлор, мени эзесиң да жанчасың:
Жашап койдук тирүүлүктүн канчасын?
Мен өзүмдү берип бүттүм дебесмин,
Ыр жазуудан жаным кайдан чарчасын!

1980— жылдар
Фрунзе

 

УЗАТУУ

Адам менен, өзүң өтө сыйлаган,
Эң бир кыйын ажырашуу учуру:
Жүрөк сыздап, окшоп өксүп ыйлаган,
Жашың көзгө тегеренип утуру.

Мындан оор алган жардан айрылуу-
Ага кошуп калтыргансып жанды да:
Качан мүмкүн болот кайра кайрылуу?
Дагы кандай күндөр күтөт алдыда?

Айлаң кетет эстей берип көп курдай:
Кулк мүнөзүн,
                  жадыраган элесин,
Айткан сөзүн,
                  күлгөнүн да ал тургай,
Ала кетсем деп ойлоно бересиң.

Башкасын кой, бир-бирине байланып,
Үнсүз тиктеп, томсорушкан бул чагы —
Эртең бүтпөс сагынчына айланып,
Эртең шексиз көздөн кайра учары...

Алган жарбы,
                  Же кыйышпас тууганбы,
Же сүйүктүү досуң чыгар эң эски,
Сени бирөө сагындырып турганы,
Билгендерге бул  бир бакыт эмеспи!

1980. Сентябрь
Пицунда

 

ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ

Кыялга бир алданбай, бир алданып,
Тирүүдө сен өзүңчө серүүн жүрсөң,
Дайныңды өлгөндө да билалбадык,
Жок бүгүн жер бетинде сенин мүрзөң.

Жок жана эстеликке койгон таш да,
Солдаттын жөн бир кызыл жылдыз дагы,
Таппадык, болбогон соң белгиң башка.
О, кайран талбас булбул кыргыздагы!

Жоо келди, тыным бербей сен аларга,
Ок менен кууп барып кулагансың,
Кан агып, көз жаш тамган талааларга,
Өлкөнүн коргоп ошол улагасын.

Жарышып жылдар өтөт, күндөр өтөт,
Ырыңда тирүү жашап жатканың чын,
Элиңе унутулгус кызмат өтөп.
Жусукем — менин кайгым, мактанычым.

1982
Фрунзе

 

КҮЗГҮ ЭЛЕС

Көп нерселер жагып, жакпай жаныма,
Көп ойлорго башым кээде чатышат:
Окшоп кудум ыргытылгап жалынга,
Жалбырактар кулап түшүп жатышат.

Жалбыраксыз бак-дарактар жардашып,
Аза күтүп ыйлап турган өңдөнөт...
Жүрө берет берип, кайра алмашып,
Тумуш деген тынымы жок дөңгөлөк.
                     
1982
«Арашан»

 

ЖАШЫЛ KYY

Тал-дарагы ар кандай
Токой көрктүү жайдагы.
Күтүп, тосуп алгандай
Жашыл дүйнө жайдары.

Ар дарактын учтары     
Күткөн күнгө, жылууга
турган окшоп учканы,
Сүрдүү дагы, улуу да.

Мени тиктейт атайын:
«Ким дегенсип, бу турган?»
Кызыксыңар, айтайын:
«Мен — силерге бир тууган».

Уйкусунан ойгонбой,
Бир даракты бир дарак
Болот байкап койгондой
Көз учунда бир карап.

Дүлөй тынчтык, жымжырттык
Жанды тыным алдырат.
Киргендиктен күн «жыртып»,
Кээ бир жерлер албырат.

Ал аңгыча жел келет,
Шыбыр-күбүр күч алып.
                    
Анан баары термелет,
Баары жашыл күү чалып.

1982
Волгоград
Камышин

 

КИМ ЭЛЕҢ

Сен ким элең, менин түпкү атам,
Дыйкан белең, тоё нан жеген?
Учкан кушка чейин тил тапкан,
Же бир ашкан чечен жан белең?

Билгим келет аны нээтимде,
Сен ким элең менин түпкү атам?
Койчу белең, короо четинде
«Бекбекейин айтып, түн каткан?

Сен ким элең, менин түпкү атам,
Баатыр белең, кошун бүлдүргөн?
Мерген белең, мээлеп түз аткан?
Байкуш белең, элде бир жүргөн?

Ким болсоң да калган белегиң —
Сенин жалгыз тамчы каныңды
мен өзүмдө алып келемин,
Акташ үчүн жумшап жанымды...

1982
Үч-эмчек

 

СЕН

Бараттык сен экөөбүз кино жакка,
Бутуңда саргыч өтүк, бийик така,
Үстүңдө кундуз жака күрөң пальто,
Көчөдө адам батпайт, бака-шака.

Жазгы кар капталдап жай каалгып келип,
Жакаңда, жоолугуңда жатат эрип.
Эмнеге көөнүм бүгүн куштар десем,
Сен мага келатыпсың жарык берип.

1982
Талас

 

ДАСТАН СУУ

Денесин ташка койгулап,
Жанырык жасап көп үндөн,
Сар аска боорун ойгулап,
Саамалдан бетер көбүргөн...

Алдына жердин катылбай,
Атыла чыгып келген суу.
Таптагы байге атындай
Таскак салып желген суу.

Жаралганда көктө күн
Жаратылган суу өзү,
Жерде бардык өткөндүн
Жалгыз тирүү күбөсү.

Тунук, таза аккан суу,
Түгөл журтту баккан суу.
Казаттан кайтып келатып,
Кабылан Манас таткан суу.

Ак кууга окшоп түспөлү,   
Айчурөк бойлоп баскан суу.
Адашып шумкар түшкөнү
Айтылып калган дастан суу.

Булуттун учун сыдырып,
Мөңгүдөн түшүп келген суу.
Талаанын баарын кыдырып,
Тамчысын койбой берген суу.

1982
Талас

 

ГРУЗИЯГА

Май айы... Тбилиси шаарын карай
Зыпылдап поезд жылып барат ылдам.
Билбеймин:  күтөт мени тагдыр кандай,
Кыргында алган кыйын жаратымдан?

Кайдагы учкул кыял-ойду козгоп,
Өзүнө тартат жери грузиндин:
«Бир боорум, сага белен— деген окшоп,-
Мендеги бир жутум суу, бир үзүм Күн...»

Бир кезде тааныштырган Руставели,
Hyp жүздүү, укмуш Нестан-Даражанга.
А баатыр Тариэли анда мени
Үндөгөн улуу, бийик даражага...

Анда сен кучак жайып тоскон элең,
Бооруңда болдум узак тузуң татып.
Катарга кайра мени кошкон элең,
Үстүмө үч үйрүлүп түшүп жатып.

Мээрман, кереметтүү Грузия,
Унутпайм мээнетиңди мен андагы.
Сен болдуң мен экинчи учкан уя,
Экинчи мени тапкан энем дагы.

1982
Грузия
Алазань өрөөнү

 

ЖЫЛ КЕЛЕРДЕ 

Турмушта турчу ким бар бөгөт болуп,
Жылдардын желдей ылдам агымына?!
Эски жыл түгөткүчө өзүн толук
Жаңысы жете келди дагы мына.

Билбеймин башкаларды, а мен үчүн
Жыл эмес, келаткансыйт досум аман.
Андыктан бир башкача жылып ичим,
Башкача бир ардактап тосуп алам.

Ар  жылым  келген эмес демден куру,
Азыр да  бир өзгөчө белеги бар.
Кулагым алдын ала угуп туру:
«Me сага, алтымыш жаш» дегенин ал.

Көңүлүм бир аз толкуп, бир аз сүрдөп,
Алгандай жаш баланы, алам аны.
Бир жактан көрүнгөнсүп мага бул көп,
Бир жактан алымсынбай ага дагы...

Мында жок текебердик же бир мансап,
Адамзат өзү ушундай жаратылыш;
Көбүрөөк өмүр тилеп, бирок максат— 
Кыялың өз курчунда кала туруш.

Антсе да жер айланып, жылдар кулап,
Билгенин мезгил өзү иштей берет.
Адамга дайым кымбат жаштык курак,
Ал аны издей берет, издей берет.

Мен дагы үмүт кылам жаш чагыман
Болсо деп кымбатыраак бул курагым:
Күчөтүп берсе экен деп, баштагыдан
Басаңдап бара жаткан ыр булагын.     
   
1983. Фрунзе

 

ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ

Жайлоосу жагып турганда
Жакага неге шашамын!
Куладым жашыл тулаңга
Кучакка «кысып» жер шарын.

Бейпилдик кымбат баарынан,
Үргүлөйм жаным жай алып.
Бир гана тынбай арыдан
Күркүрөйт терең сай агып.

Бетимден окшоп өпкөндөй,
Аймалайт чөптүн баштары...
Күн оту көсөп кеткендей,
Кармасам ысык таш дагы.

Күтүрөп тулаң чөп кырчып,
Жылкылар оттойт жанымда.
Олтурат конуп көк чымчык
Кер кашка тайдын жалында.

Чалкаман жатсам, далымдын
алдынан сезем жер шарын.
Өмүрдүн ушул агымын,
Бузбастан келет жашагым.

1983
«Арашан»

 

ДИАЛОГ

— Жаш курактын жарашыгы, кошогу--
Ашыглыктан эмне таптың, жыргадың?
— Бул турмуштун көчөсүнөн ошону
Туу катары алып өттү жылдарым.

Кайран  кездер, сулууларды жандаган,
Кайдасыңар? Кумар калды канбаган!..

1983
Фрунзе

 

РАЙКАН ШYKYPБEKOB

Бет алдынан өтөрүңдө сен кайып,
Деген өңдүү: «Токто, сага сыр айтам?»
Адатынча ууртунан жылмайып,
Ана, келет, Шүкүрбеков Райкан.

Тик карабай, кыя карап келатат,
Сөзү менен куудул сүйлөп тынбаган.
Эл  койгондой: «Тунук -таза» деп атап
Талант менен, канча ичсе да муңбаган.

Келет шашып, келет алга умтулуп,
Тынбай соруп оозундагы чылымын.
Биротоло төлөп берип кутулуп,
Ларёктордун, буфеттердин чыгымын.

Түшүнгүлө, себеби бул — шашкан ал:
Жатат үйдө стол үстүн бүт ээлеп
ыр, пьеса... дагы толгон башкалар,
Баштап койгон, бирок али бүтөлек.

Таң аткыча кирпик какпай олтуруп
иштөө -ага кечээ келген кеч адат.
Муну менен бөксөлүгүн толтуруп,
Бекер кеткен мезгилинен өч алат.

1983
«Арашан»

 

КАЛДЫ ЭСИНДЕ

                          Сүймөнкул Чокморовго

Кинодо “Караш-караш”белесинде,
Кара сур, арыкчырай  азияттын
Элеси бул кылымдын калды эсинде,
Бараткан алга учуруп асый атын.

1982
Фрунзе

 

РИГА СУЛУУСУ

Ай бүттү Балтикада серүүндөгөн,
Жакшы кал Риганын жаш сулуусу!
Сагынсам сагынаармын сени менен
Салынган жоолугуңду жашыл ушу.

Алдагы үлбүрөңкү солгун ыраң,
Бул жакта аба мээлүүн болгонунан?
Тыз этип ток өткөнүн сезип турам,
Апакай мен кармаган колдоруңан.

Коштошуу, күтүп алуу — бул да сыноо,
Кайра да келсем тосуп турар белең?
Улгайган жашым бир аз… О, эгерим…
Болбосо жүрөгүмдү сунар элем.

Бөлүнбөйт бирок сүйүү курактарга,
Жарабайт кары, жаш деп айтыш аны.
Толкундар «күр— шар»этип урат жарга.
Же сени кызганышып жатышабы?..

Ой кенен,жер-дүйнөнүн жүзү кенен,
Сен — бирөө, аны деле турам билип.

О, сулуу, көз отуңдун изи менен 
Денемди шылыбачы тилип-тилип...

Кош эми, кеме күтөт, жөнөш керек.
Кала бер жарык күнүм, жазым болуп.
Алыста өзүң менен тең эстелет,
Алдагы сен салынган жашыл жоолук.

1983. Август
Юрмала

 

ЭЛЕГИЯ

                            Эгер адам кайгырса,
                            Көнүү керек, тагдыр да.
                                                      (Гётеден)

Жолугуулар мага эмне беришти,
Эмне күтөм ачыла элек гүлдөрдөн?
Ачып койгон сага тозок, бейишти,
Акыл, сезим жай табалбайт бир жерден.
Тагдыр сени кийриш үчүн бейишке,
Же көтөрөр, же чөктүрөр кейиште.

Эгер жетсең сен турмуштун баркына,
Ошол болор бейиштен жай алганың.
Же жашынып үмүтүңдүн артына,
Максатыңа тебелетсең ал жагын,
Анда такыр билбейт экен дебегин
Сагынычтын, аккан жаштын себебин.

Зып-зып этип күндөр учат канаттуу,
Мүнөттөрдү айдап улам алдыга.
Сүйүшкөндөр өбүшкөнү адат бу,
Көпкө кетпей калат анын даамы да.
Мезгил чууруп, саат болуп ириде,
Ал сааттар окшойт бири-бирине.

Коштошордо өбүү таттуу канттан да,
Коё бербей жолду бирөө буугандай.
Бут дирилдеп, босогодон аттарда,
Тышта Херуб* кылыч кармап тургандай.
Улам тиктеп көз карашың далбаса,
Көргүн ана, жабык турат дарбаза.

*Херуб— христиан дининде бейиштин эшигин кайтаргандар

Ачылбаган дарбазадай жүрөк да,
Тынчып калды кабарсыз, жок болгондой.
Жылдыз менен тең жарышып жүрөт да,
Эч үн катпайт, кубанычка толгондой.
Каптагандай салкын, ачык абаны,
Күлкү, өкүнүч, жабыр тартуу абалы.

Бүт дүйнөнү каптап эми жыш кайгы,
Аска-зоону булут чүмкөп торгойбу?
Эгин-терин мындан ары бышпайбы?
Чөп чаппайбы, көк тулаңды орбойбу?
Көз мелжиген мейкиндиктер түбөлүк
Бүтөт бекен, учу-кыйры түгөнүп?

Жеңил, назик, суйкайыңкы жаш сулуу,
Ай сыяктуу булуттардан суурулган.
Көзгө түшүп, түшпөй аба аркылуу,
Бийлеп жатса, а сен ага урунган
учурда ал, миң буралып жанса да,
Дүйнөдө жок асыл окшойт ал сага.

А бирок сен закымга кол сунбагын,
Жете бербейт умтулгандын баары да.
Жүрөктү тый, далай селки — курбалың
Кез келишер эми мындан ары да.
Анык дечи арасынан алардын,
Сен бирөөнү жакшы көрүп каларың.

Сен үйүңдөн чуркап чыгып жүгүрүп,
Бек кучактап өпкөн кезиң эсимде.
Өөп жатып, табынып да, жүгүнүп,
Бир так калды кош айтышар кезимде.
Кээде үшүнтүп, сүйгөнүңдүн элеси,
Жүрөгүңө так да салат эмеспи.

Сактай билгин жүрөктөгү тамганы,
Өз элесиң калат бөтөн жүрөктө.
Эстегенде толкуп-ташар жан дагы,
Бир элесиң окшоп өчпөс сүрөткө.
Ал жүрөктүн атыңды атап какканын
Угар дайым кулагы да башканын.

Алда кимге жаңы күйгөн сүйүү отун
Жалындатпай, койсо бирөө өчүрүп,
Демек, үмүт— кубанчыңды жоготтуң,
Анда ошону иште сен да көчүрүп.
Сен сүйгөндөй сүйүп ичиң жылытса,
Анда колуң жеткени да жылдызга.

Эгер тартып сүйгөнүңдүн азабын,
Денең муздап, кайгы ээлесе жүрөктү,
Билалбасаң кантип чериң жазарың,
Уйкуң качып, түштөр кирип күн өттү —
Анда чыда, чырагындай дүйнөнүн
Бет алдыңдан чыгар жарк деп сүйгөнүң.

О, жараткан, адам кантип билбесин,
Салып көрсө акыл менен сезимге:
Махаббатка эч нерсе тең келбесин,
Өткөн кезде же бүгүнкү мезгилде!
Качан болсо бир калыпта турганы,
Селкилерге бозойлордун кумары.

Байкуш жүрөк көөдөнүмдө муштумдай,
Туталанат жалаң сүйүү аркылуу,
Алда кимге далбас уруп эч тынбай,
Атын айтпайм, ал жүрөктө катылуу.
Ырас, ага албууттанып шашканым,
Кыйын сүйүү ашууларын ашмагың!

Сен тиктесең нуруң мага чачырап,
Сен дем алсаң жазгы жыпар жел келет.
Күлсөң кошо менде кумар жазылат,
Жүрөк музу аны менен эмделет.
Сен караган көзүңдөгү жоодурдан,
Мен айыккан окшойм сары оорудан.

Селки айткандай, алга жылса убакыт,
Келбесе да кечээ кеткен күнүбүз,
Жүрөктөрдү коёт бир топ кубантып.
Эртең эмне, айталабыз кимибиз?
Кеч кириши — болсо да көп кейиштүү,
Батар күндөн сезгенсийбиз бейишти.

Мени менен бирге таап жыргалды,
Сүйүүң менен мени кошо жылыткын.
Катарымда жалгыз гана бир жанды —
Сени сезем сезсем жыпар гүл жытын.
Келчи бери, ортодо өмур гүлдөсүн,
Мага кымбат баскан издер бир өзүң.

Тагдыр сага берген назик көз караш,
Бал кошкондой ширин, таттуу ар сөзү.
Сунган колу сага жеткен ар бир жаш,
Болгон өңдүү тагдырынын эркеси,
Жалгыз гана сен окшодуң таалайым,
өлсөм өлүп, ажырабай калайын!

Айрылыштык! Оордугун ошонун
Сага айтууга тилим жетпейт ардагым.
Жыргап жүрдүм өзуң болуп кошогум,
Азыр ал жок, ичим толо арманым.
Сагыныч мени алды курчап саргайтып,
Көз жаш төгүп жатам аны сага айтып.

Жүрөк байкуш тынчый албай булкунат,
Ичим жалын ичте толо көк түтүн.
Кубаныч, азап көкүрөктө бир турат,
Өмүр, өлүм окшоп мага бир бүтүн.
Дары болсо азабымды дарылар,
Эрк, акылдын болсо менде баары бар?!

Бозой үчүн калат селки жетишпей,
Көз алдында дайым болуп элеси.
Бирде оолактап, бирде жандап кетишпей,
Аптаптагы закым окшойт ал өзү.
Селки жандын тынчын ала береби,
Жээкти урган толкун өңдүү береги?!

Жан досторум, жөн койгула жайыма,
Тоодо, түздө өзүм жалгыз болоюн.
Силердики болсун дүйнө дайыма,
Асман, жерди талашпай жөн коёюн.
Табияттын ачып жаңы сырларын,
Жыйнагыла, үйрөнгүлө бүт баарын.

Жүрөм азыр өзүмдү өзүм табалбай,
Тагдырымдан мен адашып калгамын.
Турмуш сырын албайм анча дааналай,
Байлык берип, сезем арбап салганын.
Тагдыр мага тил берген соң сүйлөөгө,
Сүйлөйм күнүм түгөнгүчө дүйнөдө.

1983
«Арашан»

 

БИР КАТТАН

Алчадай көзүң мөлтүрөп,
Ар кандай ойго келтирет,
Алдыртан күлө карашың
Азапка салып «өлтүрөт».

Буралсаң белиң миң бурак,
Булактай үнүң шыңгырап.
Канча жыл жерде жүрсең да,
Карыбас өңдүү бул курак.

Жамалың окшоп шам чырак,
Жарыгың турат чачырап.
Көрмөксөн болуп сен кетсең, 
Жаралуу жүрөк жанчылат.

Баратсаң көчө аралап.
Басалбай калам каралап.
Сурасам эгер, жаш сулуу,
Сен өңдүү, кайдан жаралат?

Чачтарың түндөй карарган
Айдалың ылдый таралган.
Жансыңбы, көркүң көргөндү
Жалынтуу үчүн жаралган?!

1983
«Арашан»

 

ӨЗҮМӨ СУРОО

Мен төрөлгөн экемин
Күздүн кыйгач маалында:
Шөкүлөсү жекендин
Окшоп турган жалынга.

Төрөлүпмүн мен өзүм:
Кызыл толуп кырманга,
Жер өзүнүн мөмөсүн
Көтөрө албай турганда,

Болуп баары мен үчүн...
Түшүнсөм да ал жагын,
Түшүнө албайм, эмне үчүн
Жазды сүйүп калганым?

Жер киринип жамгырга,
Мактангандай гүл менен,
Миң кулпуруп сан жылга,
Куштар бакта үндөгөн,

Жазды мен жандай көрөмүн,
Окшотуп жаңы түзгөнгө.
Жашартып салган жер өңүн...
Эмне үчүн антпейт, күз менде?

1983
«Арашан»

 

А.П Кернге

(А.Пушкинден)

1.
Эсимде укмуш көз ирмем:
Кезиктиң анда сен өзүн,
Перизат окшоп сезилген,
Мелт эткен жандуу элесиң.

Жаныма бүлүк түшүргөн
Жашоодон тартсам жабырды,
Жаралган окшоп түшүмдөн,
Жароокер үнүң жаңырды.

Өттү учур, үмүт түңүлдү
Буулуккан өктөм кезимден.
Унуттум назик үнүңдү,
Элесиң чыгып эсимден.

Сүргүндө, нурсуз кылайган,
Акырын акты күндөрүм.
Кумардан, ырдан, Кудайдан,
Сүйүүдөн үзүп күдөрүм.

Кайрадан жыйсам эсимди,
Көрүндүң  жана сен өзүң.
Перизат окшоп сезилди,
Мелт эткен сырдуу элесиң.

Эреркейт жаным жыргалда,
Кайрылып кайра баштагы:
Кудай да, сүйүү, ырлар да,
Кубанчтан акчу жаш дагы.

1983
Фрунзе

2.
Ажайып көз ирмем эсимде,
Алдымдан капыс сен кез келип
мелт эттиң, от жагып сезимге,
Сулуулук генийи эстелип.

Көп түйшүк башыман өткөрчү
Күндөрүм жатканда агылып, 
Ажарың түшүмө көп кирчү
Сүйкүмдүү үн болуп жаңырып.

Жыл өттү…сабырсыз күнүмдү
Жоошутчу кыял да үзүлдү.
Унуттум жагымдуу үнүңдү,
Анан да сүйүктүү жүзүңдү.

Элетте күндөрүм жай жылып
Буулугуп камакта көңүлсүз,
Кудайдан, ырдан да айрылып,
Камыгып көз жашсыз, сүйүүсүз.

Жаңыдан эс жыйган кезимде,
Алдыман сен кайра кез келип,
Кайрадан жаңырдың эсимде,
Сулуулук генийи эстелип.

Эреркейт көңүлүм жыргалда,
Кубанчым кайрылып баштагы
Кудай да, сүйүү да, ырлар да
Кубанчтан агылган жаш дагы.

1985.
Фрунзе

 

КЫШТАК КЕЧТЕРИ

Калып, калбай кайыңда
Жорткон желдин издери,
Жайдын күнү айылда
Кечтер сонун биздеги.

Тынч көшүлүп айлана,
Түндү күтөт мемиреп.
Кырда тууган Ай гана
Аска четин кемирет.

Жаагын жанат саратан,
Сагынчы бар анын да.
А мен кечте баратам,
Өзүң барсың жанымда.

Сенин күлгөн үнүңдү
Эфир сүрөп алгандай...
Жашыл чөптүн, гүлдүнбү,
Аңкыйт жыты ар кандай.

Өталабы сынактан,
Жаштык минтип түн катпай?!
Ойлор ойду ынаткан,
Биз келебиз үн катпай.

Күндөр чууруп жатыры,
Улам аткан ок болуп.
Баары өзгөрөт акыры,
Бардан кайра жок болуп.

Өтөт жаштык курагың,
Карагыча кылчайып,
Изге жаңы бир агым
Кеткен өңдүү кум чайып...

Көңүлүңдү көңүлүм
Тапканынча издеди...
Окшоп кудум көк ирим
Кечтер сонун биздеги!

1983
Талды-Булак

 

ЫСЫК KӨPYHӨT

Быйылкы жаз ысык, кымбат көрүнөт,
Баштагыдан жарык жана көгүрөөк.
Гүлүн ачкан бак-дарактар мындагы
Көгүш-кызгылт толкундардай көбүрөт.

Жаз келди деп келген жазга жан көнүп,
Тим болбостон турам бөтөн сезимде:
Биринчи ирет жазды көргөн өңдөнүп,
Башка жаздар калбагансып эсимде.

Жанды жазга жаткандыгым таңуулап:
Мен улгайгам, мен баягы эмесмин.
Ар келген жаз улам кайра жаңылап
Берет мага жаш курактын элесин.

1984. Сентябрь
Жалал-Абад

 

МАХАББАТ МЕНЕН КОШТОШУУ

Кош, махаббат, кездер бүттү сырдашкан,
Эми экинчи кезикпейбиз экөөбүз.
Айлуу түндөр жетелешип кырды ашкан
Эстен кетпей, кыйышалбай өтөрбүз.

Шаңы  менен сенден түшкөн жарыктын,
Ыракаттуу болду бардык жылдарым,
Кызыгында такыр билбей калыпмын,
Ушунча тез жаш илгери жылганын.

Энчиленген тагдырымдан алгандай,
Сенден алган шаң-шарапат эсимде.
Учурларда мөгдөп турган ар кандай,
Сен шык бердиң от жиберип сезимге.

Калган өңдүү бир-бирине байланып, 
Көзүм менен чарк айланчу көздөрдү
таппайм, кайда? Келер бекен айланып?
Келбейт аттиң, кетти бары, өзгөрдү

Мен ыраазы, коёр кинем жок сага,
Кел махаббат, кел, коёлу коштошуп.
Бул канчалык бизге кыйын болсо да,
Табияттын жазуусуна биз жоошуп.

Кереги жок көзгө коюу жаш алып,
Көңүлдөрдү күүгүмдөнтүп ийбейли.
Жаштык доорун арманы жок жашадык
Эми тагдыр, сөөлөт бер деп тилейли?!

1984
«Арашан»

 

ТАҢ АТАРДА

Кээ жылдыздар тараган, 
Кээси дале кетелек.
Айды бирөө далдадан
Бараткансыйт жетелеп.

Жаңырыктайт араактан,
Дайра шарын камчылап.
Шүүдүрүмдөр дарактан
жатты жерге тамчылап.

Түндүн кылда учунун
Суюлууда карасы.
Менин да бул учурум 
Уйку, соонун арасы.

Шамал согот жоностон,
Жоошуп уктап жоогазын,
Ал аңгыча болбостон,
Таң күчөттү шооласын.

Too жүлгөсү билинип,
Жылат бери улам жай.
Ай аскага илинип,
Аз-аз калган куланбай.

1984
Каракол жайлоосу

 

БОЛОР ЭЛЕ

Торгой да жок чакырып
Көк бетинде сайраган.
Сар жалбырак чачылып,
Туман күчөйт кайрадан.

Күндү булут сугунуп, 
Турат нурсуз сүлдөрү.
Ошол жактан угулуп
Тоодактардын үндөрү.

Кечээ гана жаз эле,
Дүргүп жердин оту улам.
Кулун тууган кашка бээ
Окуранып коктудан.

Куштар бакта көп үндүү
Болор эле, угулбайт...
Мезгил биздин өмүрдү,
Көрчү, кантип уурдайт!

1984. Октябрь
Жалал-Абад

 

МИДИН АЛЫБАЕВ

Сен күбүнүп, кээде мезгил чаңынан,
Кыялымда биздин күнгө келесиң.
Айрымаң жок тирүү жүргөн чагыңан,
Андагыдан бийик, бирок элесиң.

Төбөсүнө көтөргөнсүп тоолоруң
Көңүлдүүсүң, өжөрсүң да өктөмсүң.
Келатышың бузуп-жарып коолорун
Күркүрөгөн дайрасындай көктөмдүн.

Бир карасам, жолдун ыктап четине,
Сен жер тиктеп, илкип келе жатасың.
Далда кылып кармагансып бетиңе,
Үстүңдөгү пальтоңун бир жакасын.

Кейиштүүсүң, өтө бүркөө кабагың,
Эки көзүң каканактап шишиген...
Ай, Мидикем сенин ушул абалың
Өзүңө да жакпасына түшүнөм.

Жакпасы чын: сага, мага, эч жанга...
Уялткым жок, ансыз да сен уяттуу,
Өз акчаңа сатып алып ичсең да
бирөөнүкүн тартып ичкен сыяктуу.

Кээ бир, кээ бир учуруңда соолуккан,
Байкалгансып турар эле таламың —
Болсом деген ырга кайра жолуккан,
Табылган жок, бирок түшкөн каламың.

Тагдырды жок колдон кайра жасамак,
Күндөрүңдүн көлөкөлүү ал жагын
Турар эле дайым жууп-тазалап,
Сен жашоодо Мидин болуп калганың...

Ойлоп көрсөк:
Сен бир эрте жаздагы
Жарк-журк ойноп, учуп өткөн чагылган,
Добушунан бийик кыргыз асманы,
Ала-Тоонун аяк башы жаңырган.

1984
Фрунзе

 

ЖОЛ ЫРЫ

Супа салып атарында таң жаңы,
Мен жөнөдүм ашык жарга андагы.
Бир ыптамда чолпон жылдыз балбылдайт,
Бирге чыккан жолоочудай жандагы.

Термеп келет жол күүлөрү, ырлары,
Аймап келет таңдын аппак нурлары.
Кандай жакшы кадырлашар кишиңдин
Сени күтүп, сени самап турганы!

Мен андыктан түйшөлөмүн, шашылам,
Тааныш жолдо зып-зып учат машинам.
Делбелектеп жандап келе жаткансыйт,
Тоолор дагы кар кетпеген башынан.

1984. Сентябрь
Жалал-Абад

 

ЖАН УМТУЛАТ 

Максат эмес,  жалаң гана тирүүлүк…
Бака-шака өткөн турмуш ичинде,
Бир үмүттү сүйрөй келип бир үмүт,
Багындырып турат сени күчүнө.
Жан умтулат андан аркы сапарга,
Умтулгандай окула элек саптарга.

1985. Октябрь
Варшава
«Европа» мейманканасы

 

АЛ КЕЗДЕ

Сен жок кезде, сени ойлоп алганда,
Элбиребей же кубанып, же кейип,
А жөн эле окшойм катып калганга,
Сен жөнүндө ойлорумда селейип.

Сен жок кезде, сени ойлоп алганда,
Келип кайра төшөгүмө кулагым,
Мени эч нерсе кызыктырбайт жалганда,
Көзүм көрбөй, укпай калат кулагым.

Анан, анан сен жанымда барында,
Түн да болсо күн тийгендей жаадырап,
Майрам окшоп турмуш жердин баарында,
Жаным кайра жаш балача жаңырат.
                 
1985. Октябрь
Варшава
“Европа” мейманканасы
  

 

***

Бул — сенин тамашаңбы, ырасыңбы?
Же чындап тааный албай турасыңбы?
Мен сага түшүнбөдүм: «Өңүң жылуу
учурайт, ким элең?» деп сурашыңды.

Болбосо кечээ күнкү курч чагымда,
Үйүңдүн алысыраак бурч жагында,
Мен күтүп, а сен анан чуркап келип
Куланып калчу элең го кучагыма.

Эми аны унуттуңбу, унуттуңбу.
Биринчи ким өптү эле ууртуңду? 
А балким, тааныттырбай турган чыгар
Агарган сакал менен мурутум бу?

Ооба, чын, себебим бар бат карыган:
Карасаң, сен жылдардын катмарынан,
Кечээги кан төгүлгөн кармаштарда
Аз-көппү милдетим бар аткарылган.

1985
Фрунзе

 

МЕЗГИЛ ЖӨНҮНДӨ

Кайыңдын, тереземдин түбүндөгү,
Башкараак кечээгиден бүгүн өңү —
Бир азга солгун тартып калган экен,
Бул эмне, болгон ишпи түнүндөгү?

Бир кезде өзүм тиккен кайың ушу,
Термелип тереземде жайы-кышы
турчу эле… ал аркылуу сезилгенсип,
Табият, мезгил — экөө кагылышы.

А бирок бар болгону бир түндөгү,
Мезгилдин ага мынча сүртүнгөнү,
Таптакыр байкалчу эмес, ошондуктан,
Таң калтты кайыңдагы бул түр мени.

Нерсе жок көөнөрбөгөн, эскирбеген,
А бирок кол тийгенин сездирбеген,
Аз-аздан жашырынып өзгөртө алган,
О кандай укмуш нерсе мезгил деген?!

Мүмкүн ал, Ак куш болуп жаратылган,
Чеги жок алга шашып барат ылдам?
Канатын каккан сайын минуталар,
Тыпылдап тамып калар канатынан?..

1985
Үч-Эмчек

 

БАТЧУ КҮНГӨ     

Батып жаткан күнгө ыракмат айта жүр,
Керек эмес ага башка эч нерсе:
Балкып чыгып келсин үчүн кайта бир,
Мээнети үчүн иштеп кеткен кечкече.

Бүгүн дагы биз бүтүрдүк канча ишти,
Күн жиберген нурга канып бак дагы
Гүлдөр менен чөптөр аны канча ичти,
Ырайымдуу болсун улам арт жагы!

Кош айтышып, кызгылт жоолук булгалап,
Жеткен кезде жер асмандын жээгине,
Токтой калып, биз тарапка бир карап
Батып жаткан күнгө ырахмат дегиле!..

1985
Алай. Гүлчө

 

ЖАЛБЫРАК

Бутагында калган жалгыз жалбырак,
Күзгү желге чайпалат да теңселет.
Теңселгени — жаткан окшойт жалдырап:
Кое берсе, деп… Анысына не себеп?

Көрбөйт бекен туугандарын жердеги,
Жаткан кулап, тебеленип тепселип?
Жакшы эмеспи бакта тура бергени,
Ошолорго окшоп койгон эстелик?

Термелсе да күзгү шамал ургандан,
Кыйкыргансыйт ал жанына батканын:
Артык көрүп жерде жалгыз тургандан,
Көп катары өлүп жерде жатканын!

1985
«Арашан»

 

АРНОО

                                             Чыңгызга

1.
Сөз менен, көркөм ойдун орбитасын,
Көтөрүп биз билбеген бийиктерге,
Көрүндүң ал бийиктен өзүң таасын
Жылдыздай, турган нуру тийип жерге.

Бир кеткен кыргыз атың кошоктолуп,
Бу күндө сен өзүңчө космонавтсың.
Канчалык бийиктесең ошончолук,
Адамдын жүрөгүнүн сырын ачтың

Өлкөлөр,континенттер,элдер түрлүү
Багынып, таазим берет каламыңа.
Ал эмес аалам өзү кулак түрдү,
Чексизге кеткен сенин кадамыңа.

Ала-Тоо -— Байкоңуруң старт алган,
Жонуңда ат көтөргүс даңкың-жүгүң.
Кыргызга болуп сыймык албан-албан,
Турасың чокусунан карап  бүгүн?!

2.
Дүйнөнүн салыштырчу ченемдери
Жашоонун салты тура жаңыланар...
Көз салсаң бийиктерге төбөңдөгү,
Турушат жылдыз болуп жанып алар.

Серп салып карап көрсөң бийиктерди,
Көтөрүп алган өңдүү далысына
Оболу өзүн берген ыйык жерди,
Айланып анын даңкы,намысына.

Карабай булут жиреп жүргөнүнө,
О,алар жер сыяктуу жупуну өтө,
Адамдын кылдай сезгич жүрөгүнө
Алпарчу жолдору да таасын,төтө.

Турганда Күн шооласы тийип жерге,
Белгилүү урук жерге умтулары.
Куштар да эңсейт ар кыл бийиктерди,
А бирок бүркүт эмес куштун баары.

Кызыгы болбос эле жашоонун да,
Жок болсо ак-карасы,ысык-суугу,
Көрбөгөн бийик болуп,төмөндүктүн
Турбаса бийиктикке түшүп сугу?!

Бийиктик болбойт жалаң асманыңда:
Айрылбай,башкалардан башкасынбай,
Ар дайым катарыңда, өз жаныңда,
Дапдаана,кудум аттын кашкасындай.

Кут болсун жолуң дүйнө жүзүндөгү,
Аман жүр, Ала-Тоонун алтын уулу:
Ак мээнет, андан көргөн үзүрлөрү
Жарашкан өлкөсүнө даңктуу, улуу!

1985.
Бишкек

 

БУЙРУБАПТЫР

Алдаткым бар,
А бирок жок алдагым,
Бүтүп, калбай калса дагы дүнүйөм,
Теңир мага буйрубаптыр ал жагын.
Буйрубаптыр...
Мен ушуга сүйүнөм.

Берсем берип,
Болбосо дейм алганым,
Адатым бар бергенимди куубаган.
Тагдыр мага буйрубаптыр ал жагын.
Буйрубаптыр...
Буга да бир кубанам.

1985.
Бишкек

 

СИЛЕР КАЙДА

Улуу тоодон угулган,
Улар куштун ундөрү ай!
Жандан жумшак суурулган,
Жайдын салкын түндөрү ай!

Асман толо жагылган,
Жылдыздар ай, сурмалуу!
Ала салып жарылган,
Ашуу төрдүн суулары.

Турган кезде тийип күн,
Жамгыр төгүп жуулган,
Тулаңдары ай, бийиктин
Көк тукаба, кубулган...

Сүйлөй алган менен да,
Силер билген тил менен,
Бала экемин мен анда,
Баркыңарды билбеген.

Башым ийип ар бир күн,
Бактым окшоп маңдайда,
Бааларымда а бүгүн,
Силер кайда, мен кайда?!

Кадам сайын бурк этип
Көк арчада жыт кандай!
Бул куракта бир жетип,
Болсом кана жуткандай

Айгыр үйрү мал жаткан,
Аткулактуу кырлар ай,
Кечте чыккан ал жактан
Кыз— жигиттин ырлары ай!..     

1985
Сары-Булак

 

АЙТАМЫН

Жер шары — жүгүргөн тирүү шар,
Курчанган кургактан, деңизден.
Точкада кыргыздын жери бар.
Көк челген тоосу көп, тегизден.

Эзелде, бөлүштө алгачкы,
Энчиме тоо тийип калышы —
Аларсыз мен жашай албасты
Эске алган табият калысы...

Жол сындуу ийрилген, толгонгон
Өзөндөр, колоттор, жылгалар;
Бадалдар, бак менен тордолгон
Бай дүйнө өмүрдөй жылган ал.

Адырлар, жоностор, белестер,
Койгонсуйт кээ кезде козголуп...
Козголсо көзүңө элестеп:
Жүз өркөч төө минген кыз болуп.

Кесесин түшүрбөй колунан,
Жамынып күрмөсүн желбегей,
Кадырлуу конокту жолунан,
Күткөнү атайлап келгендей...

Адамда ак дилдей тап-таза,
Бул аба жүгүрүп денемден,
Бу суулар канымда акпаса,
Ким болуп күн көрөт элем мен?

Ар таңда, жер жарык болорун,
Күтөм да, бет чайып суусуна
Айтамын: «Ай алтын тоолорум,
Ак жүрөм өлгүчө тузуңа...»                         

 

АЙСУЛУУНУН БИРИНЧИ ДЕПТЕРИНЕН

Мен бөтөнчө бак жашылын жактырам,
Күн алоолоп ачуу тийген түш ченде,
Капысынан жамгыр суусун актырган,
Окшогонсуйм жайкы душка түшкөнгө.

Дарак сонун — жамгыр катуу сабалап,
Жамгыр менен шала-шала тилинген.
Жалбырак же бутак сайын салаңдап,
Шуру сымал суу тамчысы илинген.

Жамгырдагы жалынычтуу тил менен,
Дарактагы назик, жашыл козголуу —
Ошол бекен биз, адамдар, билбеген,
Табиятча сүйүшүү же дос болуу?

Мага кымбат июлдагы дарактар,
Жамгыр аткан жебелерге кабылган,
«Кел дарагым, кел, мени бир карап кал?!»
Деген өңдүү жарк-журк этип чагылган.

Үлгүралбай жууган чачын өрүнүп
Жаткан кезде, бактын нымдуу жүзүнөн,
Калгансыймын мен да кошо көрүнүп,
Балалыгым көрүнгөндөй күзгүдөн.

1985. Июль
Фрунзе
“Пионерлер үйү”

 

ТАЛААДА

Мелмилдеп уч-кыйырсыз жатат талаа,
Жетилип шыбак токой болоорунда.
Айланам агып бери келет мага,
Өткөнсүп өзүм анын борборуна.

Үңүлөм бет алдымда моло ташка:
Кыл мурут бир эр турат жоо-жарактуу
Өзүмө окшоштурам, бирок башка,
Анткени, арабызда жылдар акты...

Көк чөпкө эт-бетинен түшүп чубак,
Өңдөнөт чачын жазып тарагандай...
Топ жылкы оюн салып кетти чубап,
Туяктар жерди сабап барабандай.

Артында алар менен бараткансыйт,
Бир-бирден күн шооласы сүйрөтүлүп...
Күүсүнө саратандын болом таңсык,
Ойлорум момундукка үйрөтүлүп.

1985
Кенес. Анархай

 

ПЕЙЗАЖ

               Сүрөтчү Күлчоро Керимбековго

Июнбу, июлбу же, кайсы ай бу,
Ажайып жашыл өрөөн капчыгайлуу.
Агымы эмне деген азоо дайра,
Болбосо, жээгин мынча чапчылайбы?!

Угулат кулагыма жаңырганы...
Чабан кыз, кызгылт плащь жамынганы,
Кой айдап, өзөн өрдөп кетип барат
Кашатта, суунун аска жагындагы.

Сүртүлгөн айнек сындуу асман тунук,
Бир гана бүркүт барат салып-уруп.
Аңгыча кыз, кой, бүркүт, аккан дайра
Селейип орду ордунда калды туруп.

Баятан соккон желге ыргалышкан,
Гулдөр да кыймылы жок, жөн калышкан.
Менин да ой-кыялым тына түштү,
«Жер мына, жаш кезимден сыр алышкан».

Мен ага жаным менен жуккум келет,
Кой баккан кыз обонун уккум келет.
Болбосо жата калып, башты салып,
Бул суудан канганымча жуткум келет.

Пейзажды карап турсам кайра-кайра:
Кой жылып, бүркүт учуп, акты дайра...
Музейдин бир кичине рамкасы,
Айланды уч-кыйры жок капчыгайга.

1985
«Арашан»

 

САГЫНУУ

Урунганда жан кусалык сезимге,
Каңырыгым коңгуроодой кагылып,
Шыбак-Белдин жыты түшөт эсиме,
Тургандагы жыпар мончок тагынып.

Же ким билет ал жыт бекен сендеги?..
Азыр бизде ак кар, көк муз кыш турат…
Андагыдай окшоп Шыбак-Белдеги,
Менде да жок кырчылдаган жаш курак.

Мейкиндиктин барып, бардык учтары
бир кошулат... тартып анын пардасын
Бул аязда жылаңач да, курч дагы,
Жаным сага жашырынып барбасын?!

Барса куусаң— куубасаң сен акылуу,
Бирок болсоң анча-мынча ой бурган-
Бул дүйнөдө болоор элем бактылуу,
Кайра да бир турган окшоп койнуңдан.

1985
Беш-Таш
жайлоосу

 

ЧАК ТҮШТӨ

Туманды түрө өңөрүп,
Жел кетти адыр тарапка,
Бешикте перзент өңдөнүп,
Бейпилдик калды даракта.

Термелсе жаным жоошуган
Дарактын үнсүз үндөрүн,
Дүбүртү менен кошо угам,
Дүңгүрөп өткөн күндөрдүн.

1985
Беш-Таш
жайлоосу

 

МУКАЙДЫН АВТОГРАФЫ

Бир ирет айлыбызга келди Мукай:
Жүргөндөр анын атын угуп, укпай
Жабыла жөнөп калдык, жашбыз анда,
Жарышып таманыбыз жерге жукпай.

Токтотуп, айтты аңгыча бирөө жолдо:
«А киши кетти жөнөп Кара-Колго,
Мынакей, бул китебин берди мага...»
Эсте жок, болжолумда: «Узак жол» го?

Анан да ал мактанып айтып жатты:
«Куш каттап бул бетине жазды катты
«Иничек, элиңдин бол аш катыгы!»
Мен үчүн мындан өткөн барбы бакты!»

А бирок: «Аш катык бол» деген кепке
түшүнсөк, билсек десек келбей эпке
кыйналдык… жашбыз анда. Сырын бизге
Апкелди аккан жылдар кийин, көптө.

 

С.Эралиевдин «Тандалмалар» китебин бүт көчүрүү

 

© Эралиев С., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 7271