Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий мурас / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Эралиев С., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 19-марты

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ

Тандалмалар

Ырлар, котормолор

Бул жыйнакка Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин жарым кылымдан ашуун аралыкта жазылган дүйнө, адам, мезгил, жаратылыш, анан, арийне махаббат сыяктуу түбөлүктүү жана башка ар кыл темалардагы ырларынын тандалмалары кирди. Кылдат окурман алардан өзгөчө бир эстетикалык бийик сезимдерди, автордун турмушка, адамдарга, алардын бул жашоодогу адамдык жоопкерчилигине карата акындык көз карашын жана философиялык терең ой жүгүртүүлөрүн туюп, чыныгы көркөм дүйнөгө кирип, кубаныч алып чыгарына ишенебиз.

Эралиев Сүйүнбай. Тандалмалар: Ырлар, котормолор. — Б.: Бийиктик, 2009. – 380 б. китебинен алынды

УДК 821.51
ББК 84 Ки 7-5
Э 74
ISBN 978-9967-13-582-6
Э 4702300200-09

Нускасы 500

 

Асыл поэзияны арк-нарк көрүп, ардактай билген жан-жарандын баарына Эралиевдин поэзиясынын ушу азыр ар бир сөзүн, ар бир сабын калтырбай чачыла кылып жайнаткым келип туру. Баралына келип, бай түптүү дарактай дүпүйгөн байыркы кыргыз поэзиясынын жаңы доошун уккула деп ушу азыр ал ырларды угуза окугум келип туру. Айтор, оролу келип калган соң, кыргыз жергесинин ушу талаптуу сүрөткери тууралу азын-оолак сүрөөн кеп айткым келип туру.

Чыңгыз Айтматов

 

Жакшы эмеспи,эгер болсо
бир белгиң,
Эртең келчү муундарга мураска.

 

    Сүйүнбай Эралиев

 

АЙТСАҢ БОЛО

Уксаң боло, уксаң боло жан эркем,
Убарамын убадаңа күндө ”эртең”.
Арзып сүйүү курсантына жараша,
Азарланып жетпей жүрүү көп экен.

Билсең боло,билсең боло, күмүшүм,
Жүрөктү өрттөп, ичимди эзет күлүшүң.
Бир көз караш илебине жылынуу,
Ушул сенден менин күткөн үмүтүм.

Кыймыл тынчып,кыштак уктап үргүлөп,
Арыкта суу араң агып илдиреп.
Жашыл дарак жаз желине термелбей,
Жалаң бизди тиктегенин билдирет.

Айтсаң боло,жаз күнүндөй жаркыным,
Саратанда көлөкөлөр салкыным.
Жообуңду угуп,жолдон калбай жөнөйүн,
Мага таккан милдети бар калкымын.

1949
Талас

 

ЖАШТЫК

Мезгил өтөт, күндөр учат көрүнбөй,
Кербендердей тизмегинен бөлүнбөй.
Жаштык деген жаркылдаган нерсе экен,
Өлчөмүндө туралбаган төгүлбөй...

Жылдар сызат,сырттын соккон желиндей,
Сыр билгизбей, сапарынан эринбей,
Өмүр деген өзгөрүлгүч нерсе экен
Өлчөмүндө туралбаган төгүлбөй.

Бул турмушта жыргал болду билгеним,
Балын сордум жыттап жыпар гүлдөрүн.
Алда кайда жылт деп жанган отко окшоп,
Алыс узап калды жаштык күндөрүм.

Бул заманда буудан болду мингеним,
Көңүлүм өсүп, көрдүм турмуш күрдөөлүн.
Жанган оттой,жааган күндөй, жаштыктын
Качан колдон төгүлгөнүн билбедим.

1950
Талас

 

ЖАЙКЫ ТҮН

Алда кайдан көз кысып, жылт-жылт этип
Арбашкансып жер менен сырга бекип,
Асман толуп көрүнгөн сан жылдыздын
Арасында Ай калкып барат кетип.

Алдын тоскон ободо бир булут жок,
Айдын нуру көлкүгөн күмүш окшоп,
айлананын барында жатат балкып,
Сен басасың бул түндө сүйүү коштоп,

Бардыгы тынч талаа уктап, тоо үргүлөп,
Бак-дарактар дүмпүйүп турат түнөп,
Ташып жаткан дайранын үнү гана
Тараткансыйт кыз ырын алыс сүрөп.

1958
Сары-Булак

 

***

Ат сугарсам, Айдын бир жак жарымы
Агып келди шар түрүндө түртүлүп.
Жанып турса дир-дир этип жарыгы —
Жатат дедим толкундарга сүртүнүп.

Анан барды жылып аттын бутуна,
Ат чоочулап, баспай ары аттады —
Аттап алып дале сууну жутууда...
Асыл затты аяйт белем ал дагы?

1949
Сары-Булак

 

БИЙИКТЕ

Өткөн жерби кайберендин буту аттап,
Өр таянып, тоолор тоого бутактап,
Колтук керсе заңкайган шиш чокулар,
Көзгө илешпей көктөн чыгат учу аппак.
Чептей сүрдүү зыңгыраган аскалар,
Желдей жеңил булуттарды кучактап,
Өөп-жыттап, ашыгындай түнөтүп,
Атар таңда кайра узатат ызааттап...

Мөңгү жибип ашуулардан ала жай,
Булак чуркайт шагылдарды аралай,
Асманында бүркөө түндөй булуттар
Алыс кетпей алда неге каралай,
Жай каалгып көчүп жүрүп заматта
Жаз жамгырын самсаалатып салаадай,
Төгүп жатып токтой калат томсоруп,
Ыйлап-ыйлап тып басылган баладай.

Бирде элөөрүп, бирде кайра шалдырап,
Тoo шамалы темпине дем алдырат.
Жашыл беттин кыл кыягы өңдөнөт,
Мезгил менен саргыч тартып калдырап.
Чөп түбүндө этегинен желпилип,
Кылдырт-кылдырт күүгө келген жалбырак.
Гүл кучактап көпөлөктөр чарк урат,
Ал өзүнчө жан жыргатып шаң курат...

1958
Сары-Булак

 

“АК-МӨӨР” поэмасынан

1.
Айтчы, ким бар азгырылбас сулууга,
Анда күч бар арбап тартып турууга,
Ким умтулбайт, эч болбосо бир ирет
Жарк деп койгон жамалына жылууга.
Көзгө илешпес кылтагына кармаса
Аргаң калбас андан кайра чыгууга
Билип туруп, бирок сезбей каласың,
Ошондуктан сулуу деген сулуу да!..

Сүйүү кызык! Укса канбас сыры бар,
Ойду ойнотуп, кумарланткан ыры бар.
Ылгый таза ынактыктан жаралган,
Жалыны бар чалпоо сезим жылынар,
Сүйүү деген токсон кырлуу экен го,
Кыйын чыгар билиш анын кырын ар.
Кээде ызалап, кээде шаттык карматкан,
Бул да сенин демиң беле сулуу жар?!

2.
Биз шаштырып,мезгил баспай тартына,
Жетпептирбиз анда жаштык баркына,
Үч мезгилде бир келбеген сыяктуу,
Жаз жарчысы эрте кайткан каркыра
Ойсуз ойноп бошко кыйган күндөрдү,
Эми эч качан кайрып болбос артыңа.
Бирок, дайым жаңы жана жаш калчу
Тууган жерди сүйүү деген бар тура!

Дүйнө-өмүргө жаңы жыртып көзүңдү
Сен торолуп,токтоткончо эсиңди
Жумшак сылап билинбеген кол менен
Багып жүрүп… Коштоп барып өзүңдү,
Турмуш сапар жолдоруна чыгарган,
Туулуп-өскөн жерди сүйүү сезими
Кандай күчтүү! Канча болсо карыбайт,
Сактагандай сенин жаштык кезиңди.

1958
Соң-Көл

 

***

Күн чыкты балкып чокудан,
Жылуулук алып отунан,
Кагазга түшөр бактымды,
Каламдан күтүп отурам...
Мен жазган ырга ошентип,
Жылынар бекен окуган?
Ал сырын кайдан айтышсын,
Жатса да сөгүп же мени?
Аны ойлоп акын байкуштун-
Аш эмес ичкен-жегени.

1959
Талас

 

***

Жатышат жалбырактар кулап түшүп,
Жок алар, суу жүзүнө минип алып
Кайдадыр кетип барат жыла сүзүп,
Жылгада жыпжылаңач жабары жок
Чекилдеп ыйлап турат булак үшүп...
Чиркин ай, менин дагы өмүр күзүм,
Келсе экен тура түшүп, тура түшүп?!

1959
Талас

 

КАРАБА

Сезимиңе жоктон сүйүү жаратып,
Сен өзүңдү кыйнабачы, садага.
Көргөн жерде ичке жалын таратып
Көз түшүрүп, кереметтүү караба?

Бекер жерден санаа тартып, муңайып,
Кайра – кайра каттар жазба жана да.
Тагдыр бизге кыйгач түшсө кимде айып?
Талдоосу жок, таарынычтай санаба.

1959
Талас

 

КҮНДҮН ЖЕЛЕСИ

Баладай ыйлап жатып булут улуп,
Басылды улутунуп-улутунуп,
Соңунан жашыл-кызыл желе түшүп
Бир калган буюм сындуу унутулуп.

Карасам күндүн ошол желесине,
Кылт этип келе калдың сен эсиме,
Кылмыңдап, дал ошондой жоолук салып,
Турду элең таанышарда мен өзүңө.

Кармалап кайтара да, кайтара да
Калды эле көөнүм түшүп айтор ага...
Ошондо мага жаккан жоолугуңду,
Кымбатым, калтырбасаң ай талаага?!

1960
Сары-Булак

 

КҮЗДӨ КӨЛ

Коңур күздө жетимсирейт көл бою,
Ээн калган кайыктарды күзөтүп,
«Болсо экен деп, баягыдай эл коюу»,
Карагансып кашка жолдон көзү өтүп.

Талдар турат,
Турган талдар миң андай,
Кечте алардан жылып келген көлөкө
кайыктарга минемин деп, миналбай,
Жакалашып жаткан болот жел экөө.

1960
Чолпон-Ата

 

Өзөндөр-
Күмүш кемер кур байланып,
Адырлар-
Жашырышса кырын карга,
Ысык-Көл –
Түрмөк, түрмөк ырга айланып,
Ыр калкып кетип барат кылымдарга.

1961
Чолпон-Ата

 

ҮЧ ЫР

1
Карааның тиктеп күдөр үзбөгөнүм,
Кезиксең төмөн карап «сиз» дегеним —
Сүйүүдө «сен» деп ага тике айтылчу,
Жөнөкөй бир сөзгө жол издегеним.

2
Парктарда орундук жок олтурбаган,
Талдар аз биз сүйлөшүп сүйөнбөгөн,
Кино жок биз катарын толтурбаган,
Укпадым, бирок бир сөз — «сүйөм» деген.

3
Олтуруп алда кимдин тизесине,
«Сүйөм» деп мойнун кысып кулаганың
көп көрдүм...Чек болобу бул сөзүңө,
Калабы минтип “көңүл улаганың?”...

1960

 

***

Күздүн күнү аралашып туманга,
Ороп-чулгап жерде бардык нерсени
Дүйнө тугөл үргүлөп тынч турганда,
Көздөн далда алып кеттим мен сени.

Алып кеттим аккан дайра боюна,
Көк тулаңдуу, бак-дарактуу тарапка.
Бизди коштоп ай-жылдыздар «оюнга»
Келди көктө, жерден туман тарап да...

Кийин далай тинттик ошол туракты:
Табабыз деп анда унутуп таштаган
мендеги улан, сендеги кыз куракты.
Бирок ал жок... башка дүйнө, башка жан.

1960
Кууганды

 

***

Мен өмүрдө көп каталык кетирип,
Жүрдүм далай өзүмдү-өзүм жекирип.
Бирок баары унутулду бат эле,
Алган жарат калган өңдүү жетилип.

Көздөрү өткөн кээ бир курбу-курдашка,
Капа болор кеп айттымбы бир башка.
Ушул гана кетпей журөт көңүлдөн,
Кеч болуптур же кечирим сурашка?..

1960
Фрунзе

 

ТОО СУУСУ

(Элдик мотивде)

«Чү» деген жерден шар атып,
Күркүрөп кетип баратып,
Сүрдүгүп ташка жыгылып,
Сымаптай «жашы» сыгылып,
Кайрадан тура жүгүрүп,
Арыштан-арыш таштаса,
Аркардай бели бүгүлүп,
Кашатын кажап чойгулап,
«Даңканы» ташты койгулап,
өткөөлсүз жерге өчөшүп,
өзүнүн нугун ойгулап,
Кур болуп тоого курчалып,
Кыйкырып ызы-чуу салып,
Аңгырап кетип баратат,
Айтпасын талаа: «суусадык!»

1960
Кара-Кол

 

***

Сен барда —
«Шайырсың» дейт эл өзүмдү,
Сен жокто —
«Бир ал үчүн өлөсүңбү?» —
дешкенде,
Үйдө жалгыз жатып алып,
Баладай эркелетем элесиңди.
Байкасам,
Баштагыдан алым бошоң,
Жан эркем,
Көп кечикпей келесиңби?

1960
Сары Булак

 

КҮЛҮКТҮН ЧАБЫШЫ

Түйүнчөк болуп түйүлүп,
Түпкүчтөй бели ийилип
Тизгинди жулкуп алганда
Тебетей артка кийилип.

Куюндан бетер закымдап,
Куюшкан жондо чакылдап,
Чөбүттө сүзгөн көбүктөй,
Чөмүлүп терге такым жак.

Жетпесе жерге туягы,
Жел менен учат сыягы,
Козголо түшүп тим болот
Конуштун кара кыягы.

Жакада шамал дирилдеп,
Жал, куйрук учуп бириндеп,
Ташыган өңдүү кара жер
Дайрадай артка күрүлдөп.

Качантан мындай буулукту,
Капшыра тиштеп суулукту,
Калкылдап кетип баратат
Канаттуу мал го шумдуктуу?!

1960
Үч-Эмчек

 

***

Үстүнөн карап турсам көпүрөнүн-
Өмүрдө карыбаган суу агымы,
Жатыптыр дале жазбай өкүрөңүн.
Жоготпой менин да жаш курагымы,
Өргө айдап келет кайран көкүрөгүм…

1960

 

КӨЛ ЭМЕС, ДӨӨ

Көлгө мен, жаз келемин,
                                     күз келемин,
Ал кетпейт көнүлүмдөн көпкө менин.
Келбесем сагынгансып калам дайым,
Жээгинде шаракташкан кыз-келеңин.

Азыр да турам мына, кылаасында,
Августтун үлп этпеген ылаасында.

Жан сүйгөн жароокердин колдорундай,
Сыласа — көл шамалы сыласын да?

Шарп этип өйдө жагым,
ылдый жагым,
Тийишип ойноп турган ылгый агым.
Билемин,
               көл жүзүнүн күз мезгилде
Уялчаак кыздан бетер кылмыярын.

Күн батат көл бетинен тайып ары,
Эл тарап, ээн калат кайыктары.
Сезилет жалаң сууда дир-дир этип,
Жылаңач жылдыздардын кайыкканы.

Көл кечте күтүлбөгөн каары менен,
Жулкушуп жээктердин баары менен,
Таңында — көл эмес, бир дөө жаткансыйт,
Үшкүрүп араң-араң жаны менен...

1960
Чолпон-Ата

 

***

«Чулп» этип, көлгө кулап түшөрүмдө,
«Токто!» деп бир чоочун үн безилдеди.
Карасам, сен экенсиң:
«Ушеринде,
Чөктүрчү ирими бар... өзүң деги…»
«Чынбы?» деп мен суроолуу карагыча,
Чөгөрүп тереңине көзүң мени...
Эгерде ушу болсо «аяганың»
Кандайча бүтөт эркем, аягы анын?

1961

 

ОКШОСУН

Адатыңча жаштык кыял наз берип,
Койчу кана, кайра да бир жылмайып?
Кычыраган кышта жайнап жаз келип,
Кең талаалар чыга келсин гүл жайып

Кана, да бир койчу ууртуңан жылмайып,
Кошо жумшап жүрөгүңдүн коштоосун,
Коюу түндүн кыркасынан кылайып,
Жерге жаңы Күн чыкканга окшосун?!

1961
Кууганды

 

***

Турмуш сен:
Ачуу белең, таттуу белең?
Кээде жөө, кээде дуулап аттуу келем.
Бирок мен башкаларга көз артпастан,
Мактанам ырдан бүткөн бактым менен.

1961

 

***

Байкасам өзүң берген бир кагаздан,
Дале ошо болсо дейсиң...
…………………………………….
                                 Эсимде, мен:
Ал кезде бул үн менен ырдабастан,
Карагам мындан бөлөк көзүм менен.
Не чара! Жылдар өтүп, бирок дагы,
Өткөнү сага, мага сезилбеген.

1961

 

КҮНДҮН ЧЫГЫШЫ

Чыгарда тик кароодон ийменердей,
Мелт этип асман жакты бир тиктеди,
Жибекке уздар сайган ийнелердей,
Тепчилип калды күмүш кирпиктери.

Анда асман мага мындай элестеди:
Жер окшоп, эгин бышкан күзүндөгү,
От окшоп, койчу жаккан белестеги,
Кал окшоп, кыздын аппак жүзүндөгү.

1961
Сары-Булак

 

КЫШТАКТАН КАТ

Мен олтурам,
Тереземден арыда
Жер күүлдөйт, бороон кошо ышкырып —
Окшоп кетет суунун өжөр шарына
Тынбай жаткан толкундарын ташка уруп.

Тыңшай калсам,
Басып барып тигиндей,
Токой жакта тык-тык этет балка үнү.
Аяз-кемпир
Жан адамга билинбей,
Сууну музга катып чыккан ал түнү.

Мунум жөн бир эс алдыруу каламга,
Кайра олтурсам ойдун сезип жетегин,
Аны менен жөнөп кетип ааламга,
Сага апкелем
Сапарымдын этегин.
«Не кечиктиң?» —
Көп сурайсың катында.
Кечир жаным,
Ага мындай бир себеп:
Мен «барам» деп,
Сен «келет деп жакында»,
Бул ортодо сагынышып жүргөн эп?

Дале олтурам...
А талаада,
А карда,
Калч-калч этип бак-дарактар үшүүдө,
Сени түштөн көргөнүмдөй,
Алар да
Жазды көрүп жатат бекен түшүндө?

1961
Көк-Токой

 

САГЫНДЫМ

Жашырбайм, ырас-ырас сагынганым:
Жаштыктай жалт-жулт эткен чагылганын.
Кеч курун шыгыраган кумдан бетер,
Койлордун маарап төштөн агылганын.

Гүл сайма кулпурушкан теребелин,
Үйрүлүп мал жуушаган желелерин.
Сагындым, эми алыста жүрөбү эсен,
«Чечек» деп шыңкылдашчу жеңелерим.

Булутсуз тыбыраган жамгыр ырын,
Жан сүйгөн сууларынын жаңырыгын
Сагындым, анда жүргөн коңшу кызын,
Сагындым, түтөгүчө канырыгым.

1961
Сары-Булак

 

***

Же калар,же калбастыр менин изим,
Жашоого шашам дагы,канбайм дагы.
Азгырат ага мени,алоолонуп
жанган от, тээ-тетиги маңдайдагы!

1961
Талас

 

ТҮШ ЖОРУУ

— Жеңеке, түшүм жоручу;
Жеткидей жерге кол учу
Турналар түшүп жатыптыр,
Бул эмине болучу?

— Кабарчы дешет, турнаны,
Качырып, бийкеч, урба аны —
Алардай болуп, бир күнү
Ашыгың келе турганы...

1961
Сары-Булак

 

***

Почточу жолун издедим,
Негедир бир кат жазбады.
Антсе да күдөр үзбөдүм,
Жашырып көлгө издерин,
Аккуулар кетти жаздагы.
Ал кийген көйнөк түспөлүн,
Бир эми,
Эстетет кыргыз асманы.

1961
Сары-Булак

 

***

Сырларды козгоп кайдагы
Тарасак таңга аз калып:
Чарчаган белем Ай дагы —
Асканын мизин жазданып,
Үргүлөп калган назданып.

1961

 

***
Жүргөнүм эстеп тыштагы,
“Келбейт деп,эми тыштады”,
Таарынган бекен айылым —
Таластын берки кыштагы?
Тартайын болсо айыбым:
Эсимде кызыл кыштары.
Билем го анда турарын,
Өзүмдүн кырчын курагым,
Жарымдын уяң кыз чагы...

1961
Талас

 

МҮНӨЗ

Кыш келсе, жазды көксөп калат жаным,
Көрсөм деп жерге соко чөгөргөнүн,
Жарыша жылгалардан суу акканын,
Дүркүрөп жылгалардын көгөргөнүн.

Жаз келсе, «көрсөм ээ!» деп самайм күздү,
Тоолор суз, түздөр али жаңысында.
Буруксуп коондору саман жүздүү,
Быкырап мал жатканда аңызында.

Анда да кышты көксөйм короомдогу:
Аңгыча чыга калып жайдак кырдан
Качырган буура мисал бороондору -
Сапырып карды ордунан айдап турган...

1962
Талас

 

***

Аның чын,
Толбойм, толбойм назарыңа
Жан окшоп момун, жоош, сүйлөбөгөн…
Ал эми,
Калам алып жазарымда,
Сен түгүл, сырдаша алам
Дүйнө менен!

1962

 

АКЫНДЫН ЭСТЕЛИГИНЕ

Алп экен го оору акын Осмонов,
Түпкүрдөгү ойлоруңду козголоп!
Эми ачсаң да барактарын кээ күндө,
Көл шарпылдап аны менен тең үндө
Жүргөн окшойт толкундарын тосмолоп.

Бергенине болчу элек ыраазы,
Эрте өчтү, жүрө турбай бир азы.
Балким, бардыр дале көптүн көөнүндө,
«Көзүм өтсө, көлдүн салкын жээгинде,
Жатсам уктап!» деп калтырган мурасы?

Аткардыкпы ал мурасын биз анын?..
Кош бол, акын, назик үндүү музаңын
Жанды эритип, ойноп шыңгыр кагышын,
Жарыштарда «чапкан боз ат» дабышын,
Көптөн бери мен угалбай кусамын.

1962
Чолпон-Ата

 

ЫСЫК-КӨЛДҮН ТОЛКУНДАРЫ

Жээктерге чалгын чалып алыстан,
Келип тынбайт,
Кетип тынбайт толкундар —
Кокус кургак жерге айланып калыштан,
Ысык-Көлдө күмөн санап коркуу бар?..

1963

 

БУЛБУЛДУН ЫРЫ

Булбулдун жакшы ырын ук, жаш ырын ук,
Укканда эске салып турат баарын:
Жылдардын арасында жашырынып
Бир калган жаштык-сүйүү курактарын,

Жалындуу көз карашты ошондогу,
Басканда жай аралап дарактарды
жүрөктүн жалынын бир кошкондогу,
Кат берип, тең эскирткен барактарды.

Айылдын артындагы жумшак түнгө
Акырын ороп коюп өзүңөрдү,
Ай— жылдыз жаткан кезде жуушап бирге,
Алдында ант алышкан сөзүңөрдү.

Эстетет,
Таарынууну, табышууну,
Уйкусуз мүнөттөрдү санаа баскан.
Андагы сенин баскан дабышыңды,
Жаз жытын, бойдо калган тарабастан.

Эстетет баарын, баарын сага бүгүн —
Уккула, булбул үнүн,
Булбул үнүн!

1962
Фрунзе

 

***

Билемин, жаным, билемин
Сагынчың сыйбай калганда,
Мойнума кулап билегиң
Шайың жок тартып алганга,
Жалдырап тилсиз турчу элең,
Жашыңда мындай курч элең.

1962

 

ЭСТЕБИ?

Эстеби, секет, эстеби,
Экөөбүз ошо кездеги,
Жоогазын издеп шагылдан,
Жол турса кетип тескери
жоголуп кайра табылган?

Болбосо, курбум, эстеби,
Боз улан, селки кездеги
Алгачкы түндөр сырдашкан,
Айылдан кетип тескери,
Ай менен бирге кырды ашкан?

Бирок да күндөр тездеди,
Издерди ошол кездеги,
Жаңыртса дегем жаш көктөм.
Жароокер, өзүң эсте эми,
Жылдарды мындан башка өткөн?

1962
Талды-Булак

 

КОМУЗ

Толго комуз кулагын,
Толго комуз кулагын,
Толкуп кетип чыдабай
Too чаптырсын булагын.

Күкүк, булбул ырга алсын,
Гүлдөр андан ыргалсын.
Кыналышкан кыз, жигит,
Күүнү тыңшап бир кансын.

Кыл ичеги, үч бурак,
Терек тепке үч кулак,
Дабышына карасаң,—
Таскак салган учкул ат.

1963
Фрунзе

 

УЗАТАР

Кайрылбайм кайра мен эрте,
Жол берет буурул бурганак.
Жүрөгүн кошкон жан эрке,
Жөнөтөт жоолук булгалап.

Айылдын аркы адырын
Ашканча турар жаш кулап...
Бир жүргөн кездин кадырын
Билишсек экен жакшылап.

1963
Фрунзе

 

АДАМДЫ ЖАШОО АЗГЫРАТ

Адамдар жерде аз турат,
Ар кимди дөөлөт азгырат,
Ал бирөөгө жарашып,
Ал бирөөнү мас кылат.

Адамды жашоо азгырат.
Билсе да: жерде аз турат
Бирине-бири дос болуп,
Бирине-бири кас турат.

Адамга бүгүн, кайдагы
багынды Жылдыз, Ай дагы.
Эми ошого жараша,
Баарына кенен караса?..

1963
Фрунзе

 

ЖЕР АЙЛАНАТ

Улам келген жылдарды
Күнгө бөлүп майдалап,
Жел тегирмен сыяктуу
Жер огунда айланат.

Ай түгөнсө, ай калат,
Жаз түгөнсө, жай калат.
Калыбында өзгөрбөс
Жер огунда айланат.

Түбөлүктөн-түбөлүк
Жер огунда айланат.
Бир өмүрдү ал берип,
Бир өмүрдү кайра алат.

1964
Фрунзе

 

КҮНДӨР

Жаралгандан
Жер жашыл да, асман көк.
Ортосунда өтмөк дүйнө,
Өзгөрмөк.
Кечээ күнкү аккан суулар
Бүгүн жок,
Жер үстүнөн,
Жер алдында жаткан көп.

Тирүүлүктө
Кээде кырга токтолуп,
Кээде кетип
Колоттон «ат» откоруп,
Турмуш — тоонун боорун бербей,
жылтылдап,
Жанат тура
Адам жарык от болуп.

Жанат тура
Ар ким өз-өз алынча,
Кээси күйүп
Жалбырттаган жалынча.
Кээси быкшып
Өчөр өңдүү бүлбүлдөп,
Бирок болбой,
Бир-бирине барымта.

Тагдыр да жок
Адам өзү тандаган,
Өтөт өмүр,
Жашап эч ким канбаган,
Турат оттор
Жерди кысыр калтырбай,
Жылдыз окшоп
Күндү дайым жандаган.

Бирок күндөр
тынбай, октой атылат
Турмуш алга
Арыш таштап катуулап.
Кечээ күнкү
Биз ырдаган ырлардан,
Бүгүнкү ырлар
Алда канча бакубат…

1964
Фрунзе

 

ТОО БАШАТЫ

Көк көйнөгү шуудурап,
Желбиреп да серпилип,
Көк жоолугу дирилдеп,
Бермет менен шурусу
Жерге чууруп бириндеп,
Бадал ташты аралап,
«Жетчи кана, каналап!»
Тип-тик ылдый коюп «тыз»,
Качып бара жаткан кыз...

1964

 

ЖАЙДЫ ЭҢСӨӨ

Кыштакта аппак кыш турат,
Кызыл көз аяз ышкырат.
А мени азыр эңсетет
Адырда гүлдөр бышчу убак.

Кыялда ага учамын,
Жайгансыйт мага кучагын:
Андагы менин жаштыгым,
Андагы сенин кыз чагың.

Жылгалар, анан жылгалар,
Жылкыдай жуушап күн жатчу,
Конгуроо добуш булактар
Колоттор сайын үн катчу,
Конуштар, үстү миң сайма
Кыз оюн куруп, түн катчу...

1964
Көк-Токой

 

***

Таарынып,ойноп айткан бир сөзүмө,
Кыйт этип, ары карап кетти басып.
Төгүлүп колоң чачы тизесине,
Солуктап ыйлап жатты бетти басып.

Көз жашын буулуп чыккан үн коштоду,
Көз кыйын ойго бир шек каткандагы.
Антсе да бул турушу – гүлгө окшоду,
түшүрүп шүүдүрүмүн жаткан жаңы…

1964
Көк-Токой

 

ТҮШҮНСӨҢ

Ойгонсом болду,мен калып
Ойлорум качат сен жакка.
Керээли кечке сандалып,
Келишет кайра эл жата.
Секетим, байкап карасам
Тышымда өзүм, ичим сен.
Санаада сүзүп баратам,
Түшүнсөң экен, түшүнсөң?!

1964
Көк-Токой

 

БИР ГАНА

Бул дүйнөдө баары да өз жайында:
Бактар бүрдөйт жаздын гана айында.
Аска-зоонун кыры менен суу акпай,
Агат жалаң коктусунда-сайында.

Бул дүйнөдө баары да өз жайында:
Куш жаралган учуу үчүн дайыма.
Жаздан кийин сөзсүз кайра жай келет,
Түн болгон соң – болот жылдыз, Айы да.

Тоону тоо деп, алма депбиз алманы,
Кар болгон соң-ак болуптур ал дагы.
Баары ордунда...
Ордунда эмес бир гана,
Адамзаттын азга жашап калганы.

1964
Фрунзе

 

***

Улам келген жылдарды,
Күнгө бөлүп майдалап,
Жел тегирмен сыяктуу
Жер огунда айланат.

Ай түгөнсө, ай калат,
Жаз түгөнсө, жай калат,
Калыбында өзгөрбөс
Жер огунда айланат.

Түбөлүктөн-түбөлүк
Жер огунда айланат.
Бир өмүрдү ал берип,
Бир өмүрдү кайра алат.

1964
Суусамыр

 

Ибраим Юсуповдон

(Каракалпак акыны)

Бербес элем он көлгө,
Көлдүн ээси мен болсом.
Көл сулуусу Соң-Көлдө,
Жалгыз гана сен болсоң.

Ак куу болуп койкоюп,
Көлгө жалгыз сен консоң.
«Сүйөм!» – десең сен бирди,
Ошол бирөө мен болсом.

Жанар болсом жалынга,
Жаш курагым барында.
Калар элем сен калсаң,
Соң-Көл менен Нарында.

1964
Соң-Көл жайлоосу.

 

УУЛУМА

Кар эрисе — суу болот,
Суу эрисе — буу болот.
Булут буудан жаралып,
Келет кайра кар алып —
Дуйнө ушундай тоголок.

Бирок уулум, биле жүр;
Бир өмүрдү бир өмүр
Кайталабай өтөрүн.
Сен тек гана улайсын
Өмүрүмдүн этегин,
Алдыдагы күн айтат,
Аны кандай өтөдүң?..

1965
Москва, ВЛК

 

КЫРГЫЗ ЖАНЫ

Ысык-Көл биздин тирүү тарыхыбыз.
Ар кыргыз,
Кетип жатып
Бул турмуштан
Ага жанын калтырган,
Аны жандай сүйгөндөн...
Бул бир салт
байыркыдан бери карай.
Жатат мына Ысык-Көл-
кыргыз жаны,
Мелт-калт толгон чарадай.
Ысык-Көл түрмөктөлсө
түптөн кайнап,
«Шарп» этип жээкти урат
«жандар» жайнап.
Адамдар жээгинде туруп алып:
көпкө карап калышат толкуганын?
Чынында,
билбейт анын,
Ар толкуну-ар бир башка жан болуп
айтышып жатканын өз таржымалын.
О, кийинки урпактар,
Азыр келип аягыңа кулаган —
Жөнөкөй толкун эмес,
Менин да жаным!

1965
Чолпон-Ата

 

МЕЗГИЛ

Мезгил эмне?
Саат колго салынган,
Чык-чык эткен же дубалда илинип,
Мезгил ошо –
Колго түшкөн, багынган,
Кеткен изи турсун үчүн билинип.

Мезгил ушул:
Күнү — Боз ат,
Түн— Кара ат,
Алмак-салмак чабыштырып ал барат.
Бирде бири,
Бирде бири жалт этип,
Көздө жалаң уюган боз чаң калат.

Келет аттар,
Келет тизгин кагышып,
Кээде алдыга чыга калып Агы шып.
Апта,айлар -
Жол боюнда тамдардай,
Жалп-жалп этип
Жатат артта калышып.

Сааттардын жебелерин кубалап,
Сызат аттар бир-бирине удаалап.
Саат болсо — ипподром, туяктан
Даңкан болуп жылдар алыс куланат.

1966
Москва, ВЛК

 

КҮЗГҮ ДАРАК

Жамгырда турат дарак,
турат дарак,
Каржайып бутактары
Жиптей жарап.
А жерде сан жалбырак сапырылат —
Өңдөнүп ыргытылган эски барак.

Аларды үзүп— жулкуп, бирден сүйрөп,
Күзгү жел кетип барат
тарап-тарап.
Колунда башка кылар аргасы жок,
Дарактар жаш төгүшүп турат карап.

Бул бакта далай жүргөм,
Сейил куруп.
Ал анда турар эле миң кулпуруп.
Койнуна катып не бир ысыктарда
Турчу эле салкынынан бир жуткуруп.
Анчалык жакшылыгын тийгизеби,
Биздеги кээ бир жакын тууган-урук?
Мен дагы кошо жашып кеттим окшойт,
Алардын бул «кайгысын» көрүп туруп.

Анан да жамгыр жаады,
Жамгыр жаады,
Жамгырда жан этиндей жалбырагы
Жатышат тебеленип
балчык сууга,
Ошого тикесинен тик турушуп
Шолоктоп ыйлап алган бактын бары…
«Койгула, жаз да келер!» — деп сооротом,
Өткүлө көңүл айтып силер дагы?!

1968
Фрунзе, Эркиндик бульвары

 

ТООЛОР

Бул жакты карайм — тoo турат.
Ал жакты карайм — тоо турат.
Асманга чейин тоо тоого,
Учкашып жүрүп олтурат.

Боорунан өтөт Ай жылып,
Койго окшоп шашпай жайылып,
Жылдыздар келет... а кээси
Учкансыйт «буту» тайгылып.

Ойлогом бала чагымда:
«Тоо менен дүйнө түгөнөт,
Алардын ары жагында
Кең асман гана түнөрөт...»

Чечүүгө тоонун көп сырын
Жаш акылым жеталбай,
Олтурар элем кеч курун
Тоолорум таштап кеталбай...

Алардан аркы дүйнөнү
Түшүнүү, билүү, үйрөнүү
Көп болгон сайын канчалык,
Тоолорум карайм тамшанып.

1968
Суусамыр

 

***

Жаңы жылды тостум алыс элетте,
Тоо-талаасы ак кар, көк муз жамынган,
Жыл карааны жакын келе электе
Бапыраңдап эл бөтөнчө камынган:

Эчендери чоң калаага аттанып,
Алып кайтат жаңы кийим-кечени.
Алдын ала үйлөр тегиз акталып,
Даңгыратып таза туткан көчөнү,

Буга чейин аткарылбай, ал тургай
Ойдо да жок үмүттөрдүн барысы,
келген жылда аткарылып калчудай,
Жылды урматтап күтүшкөн жаш-карысы...

А мен сени күтүп «келет, келетте»,
Келбегенге өкүндүм да кейидим.
Жаңы жылды тоскон кезде элетте,
Ошол түнкү кардай эле пейилим.

1969
Көк-Токой

 

ОЙ ЖӨНҮНДӨ ОЙ

Ой адамга канат да,
Ой жок болсо адамдар
Оту өчкөнсүп калат да.

Ой жашабайт түбөлүк,
Алар да бат алмашат:
Бири келсе, бири өлүп.

Жерге сепкен дан өнөт,
Ошо мисал ойлор да
Бышат башта мөмөлөп.

Ачуу болуп да бышат,
Таттуу болуп да бышат -
Кагылышып кайгы-шат.

Адамдардын баштары,
Жаратпаса эч качан,
Жакшы ойлордон башканы?!

1969
Малеевка

 

КЫШТАК КЕЧИ

Калдайып басып келет кара буура,
Булайып чууда-чууда.
Чуудалуу
аба, суу да...
Чууда тарткан машиналар,
Аксайып-саксайышып.
Келатат кара буура
тоолорго жонун жышып.
Чууда-чууда
Тал-дарак бутагында.
Мектептен келатышкан
балдардын тутамы да
чууда-чууда.
Кемпир мында убара,
Бир тал чууда
саптай албай ийнесине.
Баары барат
чуудалар дүйнөсүнө.
Чың тарткан жалгыз кылга
окшоп мында,
Безилдеп, күүгө келип жатат жылга.

1969
Чымкент

 

ЖАЛГЫЗДЫК

Жалгыздыкта түк да жок,
Бар бир гана жымжырттык:
Күтпөгөндөр күтүлүп,
Коркунучтуу,
                   кулак-мурун кескендей.
Айланада
                   баары алдыга жүткүнүп,
Жалгыз гана сени таштап кеткендей.
Ар бир нерсе сени тиктеп селейип,
Бир орунда каткандай.
Добуш чыкса «шырп» этип,
Качыр-кучур жер сынып
Сен төмөнгө кулап бара жаткандай.
..........................................................
Жаман нерсе жалгыздык...

1969
Малеевка

 

***

Жүз жылдар мындан кийин да
Бул тоолор минтип турушат.
Анда да бизче адамдар
Карыбас үчүн тырышат.

Жүз жылдар мындан кийин да
Сүйүүлөр болот ушундай.
Ушинтип жерге жаз келип,
Ушинтип чыгат ушул Ай.

Жүз жылдар мындан кийин да,
Дарактар желге ыргала
Шуудурап турат ушинтип...
Биз жокпуз анда бир гана.

1969
Талас

 

ЖЫЛ ТОСУУ

Бузуп-жарып мезгилдердин тоскоолун
Жыл келгенде,
Жалгыз өзүм тосподум,
Бир болдуңар,
Же көөнүмдө турдуңар,
Менин эски курбу-курдаш, досторум;

Аккан суулар,
Мага чуркап келдиңер,
А тоолорум, өзүм бардым силерге.
Кар кычырайт – тост көтөрткөн белгиңер:
Келген жылда
Миң бир алкыш силерге!

Ак тулпарын атырылтып коктудан,
Жыл айлыма жете келген кезинде,
Алыскы жаз,
                       өзөн башы, көк тулаң,
Сен биринчи болдуң менин эсимде.

Ушундай бир көңүл курсант учурда,
Алмашылып келип турчу силердин -— 
жайым, күзүм-
                       эсендиктер үчүн да,
Көп бокалды мен бошотуп жибердим.

1969
Фрунзе

 

ЖАППА ЧАПАН

Жаппа чапан,
Тартпа алдыма жоргону,
Сенден менин
Сураарым бар болгону —
Дайым мага ушундай түз көңүл бер
Ошондо мен олжолуудан олжолуу.

«Кам-чом жок» деп кейигениң кур бекер,
Суу болсо бер,
Бирок жайнап-күлүп бер --
Алып келип тай союп же кой союп
Бирок күлбөй, бүркөлүүдөн, бул өтөр.

1969
Малеевка

 

КАРАДЫҢ

Жай кылгыра карашыңда маани кең:
Анда сенин жаркын оюң, мамилең.
Караңгыда жол көрсөткөн жылдыздай,
Жүрөгүмдө алып жүрөм аны мен.

Анда да бир антип мени карадың,
Карабадың, канда чуркап тарадың.
Түталбастан калдым,эркем, мас болуп,
Конок үйдүн ичпей жатып арагын.

Кана, эми да дал ошентип карагын,
Махаббаттын жүрүп турган араанын
сездир кайра! Жок, коё тур, ансыз да
Көз нуруңан эрип калбай барамын?!

1969
Фрунзе

 

ӨЛБӨЙТ

Ар кыл жаңы ачылуулар эскирет,
Көөнөрүлөт алган атак-даңк дагы.
Жел түгөтөт жыртып быт-чыт кескилеп
Булутту да тиги асман жактагы.

Kөпкө турбайт, гүл эскирет жайдагы,
Жаштык дагы боло бербейт ар убак.
Ошол өңдүү жаңы тууган Ай дагы
Батып кетет барып-барып арылап.

Бу дүйнөдө баары өзгөрөт, баары өтөт,
Бир орунда турбайт такыр эч нерсе.
Эски кетсе, кайра жаңы төрөлөт,
Бирок болот бир нерсени эскерсе:

Канча тарых, канча доор өтпөсүн,
Карап турсаң байыркыдан беркини,
Бүгүн көрүп турган окшоп өз көзүң
Эскирбейт да, өлбөйт адам эрдиги.

1969
Малеевка

 

***

Кереги жок мага куру намыстын,
Моюнга алам: махаббатың аркылуу,
Чырагымды өчүрбөй май тамыздың
Сен ал үчүн алкышыма акылуу.

Эгер көрсөм жакшылыгын бирөөнүн,
Аны ичиме жашыруудан алысмын.
Албууттанып соксо бүгүн жүрөгүм,
Анын жалгыз бир себеби, ал — ысмың

1969
Малеевка

 

КЫЗЫКСЫҢАР

Кызыксыңар туугандар,
Менден көөнү суугандар:
Мен бир жерде «чоң» болуп,
Кызмат иштеп турбасам,
Пайдам кайдан тиймекчи
Бар болгону — ыр жазам?..

1969
Фрунзе

 

ТУРМУШТА БОЛБОЙТ ЭМНЕЛЕР

Турмушта баары болот да,
Турмуштун «бети» өйдө-ылдый:
Анда бар кыр да, колот да,
Анда жок түздөр бир ылгый.

Төрөлдүң, бүттү, келебер
Күтүшөт кыр да, кокту да.
Турмушта болбойт эмнелер,
Таарынуу — коюу жок буга.

Баарынан мурда адамда:
Бийикке чыкса чыргыйттап,
Жапыска түшсө жер жыттап —
Өзгөрүү болгон жаман да.

1970
Үч-Эмчек

 

КҮҮ

                            Таятам Орозбай комузчунун
                            эстелигине

Убакыт күндү ашырып кыясына,
Дүйнөнү боёйт күңүрт сыясына,
Ошондо кирип-кирип кетет баары,
Үйлөргө —
Ар ким өз-өз уясына.

Мына эми,
Уябызда биз да чогуу,
Аз-аздан жалынга өтөт оттун чогу.
Таятам комуз кайрып төрдө олтурат,
Мен жатам,
Карап коюп коломтону.

Куш өндүү канат какса кайруулары,
Күү менен жык толгонсуйт үйдүн баары.
Бирок да
Жатып алып мен убара,
Табалбай жалын, күүдөн айырманы.

Же жатар күү күчүнө жетеленип,
Учкундар
Кулайт мага жете келип...
Жок, мына,
Жан-жабыла бийлеп кирди,
Жалындар
Бир-бирине жетеленип.

Жалындар:
Кызыл кийген,
Жашыл кийген,
«Чачтарын» самсаалатып жазып ийген,
Илгерки жомоктогу перилердей
Күү укса,
Шаракташып бийге кирген.
Көргөнсүйм:
Карашып каш кагышканын,
Уккансыйм:
Тапырлашкан дабыштарын.
Желпилген көйнөктөрдүн шуудурларын,
А кээде: «Ах!», «Ух!» дешип калышканын.

Жалынды койгон өңдүү күүгө байлап,
Бий агат —
Бирде катуу,
бирде жайлап.
Экөөнүн эрегишкен жарышында,
Шакылдап кара казан жатат кайнап.

А мени?
Жатат, жатат күү терметип,
Уйкуга бирде келсем, бирде кетип,
Тартылган суу мисалдуу күү арылап
баратат бийчилер да бүл-бүл этип.
Анан жок...

Бар болгону — түш көрөмүн
Түштө да –
Өңдөгүдөй «иш» көрөмүн:
Перилер...
бышкан токоч...
Анан да, анча-мынча чүкөлөрүм.

1969
Кууганды

 

КҮКҮК

Балалыгым эркин жана жапайы
Жүргөн жердин аягына кулашка,
карт курагым алып келсем атайы,
Асман-ошо, тоолор-ошо, суу-башка.

Же кеткенби бөтөн жакка көчүрүп?
Бар болгону көрөм жеңдей булакты.
Эски суунун нугун такыр көчүрүп,
Толуп алган көк чөп менен убакты.

Арка жакта, мен сыяктуу кечигип
келген күкүк, муңканат таш башында…
Айтам ага: «Досум, койчу кечирип,
Түтпөй барам сенин да көз жашыңа!»

1970
Үч-Эмчек

 

КЫШ ЧАЛГЫНЫ

Быйыл жерге биринчи ирет жаады кар,
Карда жүргөн кар өңдөнөт карылар.
Биздин үйдүн коңшусу бир жигиттин,
Жаз мүнөздүү жакшынакай жары бар.

Күн жылт этет.
Кар айрылып жыртылат,
Жел убара бүтөй албай кымтылап,
Сууга тойгон сай күшүлдөйт,
                                            баары да,
Көнүмүшкө — күзгө берип ыктымак.

Кайра дале сайран салып аарылар,
Дөңдө олтурат кар сакалдуу карылар.
Бирок бүгүн жорткон желдин өзүндө
Эртең болчу чоң чабуулдун каары бар.

1970
Малеевка

 

САЛАМ АЙТ

— Иш бүттү, келген атайын,
Эми мен элге кайтайын.
Кана, Сүкө, өзүңдөн
Кимдерге салам айтайын?

— Тегеректе бир булак
Teң төрөлүп, тен өскөн
Курбум эле бир убак,
Алыс турат дебестен,
Сен oшoгo салам де!

Болгон суусу бир кулак,
Бирок ойноп акчу эле.
Миң бир эки кыл бурап,
Күү жаратып жатчу эле.

Жүрдүк жаштык тууралу,
Өйүзүндө биз болуп.
Дайым жашыл тулаңы
Жатар эле из болуп.

Суу да болсо, балакет,
Биздин сырды билчү эле.
Жарышканда «жетпейт!» деп,
Кыткылыктап күлчү эле.

Куусаң качып кетчү эле,
Андан мындан бир кулап.
Жетсең – колго, бетке же,
Жатар эле ургулап.
Мен ошону сагындым..

Сен жашарып, ал карып -
Сакал, чачы агарып,
Кабарлашпай кеткенге,
Катуу уялат экен де.
А болбосо, достукка
Азыр деле бекем де.
Жанга жаны үйрү эле.

Акты далай убакты...
Мен көрбөдүм дүйнөдө
Башка ошондой булакты.
Булагыма салам де!

1970
Фрунзе

 

***

Биз тургай жер мас шыбак илебине,
Сүйлөөгө үн эмине, тил эмине?
Жонуна Ай көтөргөн тоону туурап,
Тургамын мен оронуп билегиңе.

1971
Сары-Булак

 

КЫРГЫЗДЫН ИЗИН КАРАЙМЫН

Боз үйдө жатам. Үстүмдө —
Ачылуу түндүк, кең асман.
Астымда — эски күчүндө
Айланып жатат жер аздан.

А жерди алып кучакка,
Куушуп куштай илгери
Бараткан чыгар бу чакта
Космостун кораблдери.

Чогу өчүп, жалаң калды күл,
Чартылдап күйгөн арчадан.
Алсырап араң батты күн —
Кечкээте иштеп чарчаган.

Тоолорду иңир сугунат,
Суулар күчөйт күүгүмдө.
Кулагыңа угулат
Таш күлдүрөп түбүндө.

Кай жерден таштар кулады,
Кай жерге жетип жай табат?
Эч ким билбейт, бир аны
Дайра гана айталат.

Ошол өңдүү биздин эл
Жаткан тарых түбүндө.
Айдап, кууп мезгил — жел
Алып келген бу күнгө.

Келген катуу сүрүлүп,
Бийик туруп, пас болуп.
Өлүп, кайра тирилип,
Арбын туруп, аз болуп...

Түндүгүнөн боз үйдүн,
Арасынан жылдыздын
Күчүн берип көзүмдүн
Изин карайм Кыргыздын.

Бүлбүл этет оболу
Элестери кыргындын.
Доорлордун бороону,
Белестери кылымдын.

Тарых жазбай кагазга,
Кийин келген башкалар
Тапсын үчүн адашса,
Тамга салган ташка алар.

Бирок айран каласың:
Коргогондой баласын,
Коргоп алып келгенге-
Комуз, боз үй, ”Манасын”.

1970
Сары-Булак

 

ДА БИР ДӨБӨ

Алпаратат да бирөөнү мүрзөгө,
Ал да кечээ
Биз өңдөнүп жүрчү эле.
Бүгүн ал жок,
Бүгүн анын ордуна
Пайда болот жерде дагы бир дөбө.

Ал дөбө да
Дайым турат деш бекер:
Ал да эскирер -
Мезгил менен беттешер.
Чөп да чыгар,
Чыккан чөптөр басылар,
Аны жерге катып мындан беш бетер.

Канча жатат
Жер алдында катылуу,
«Адам» деген сонун дүйнө — аты улуу!
Жок, жок, достор,
Келсин бизге кечигип,
Антип артка жарык күндү калтыруу.

1970
Фрунзе

 

***

Сырыңды жакшы билемин:
Сагынчың сыйбай калганда,

Мойнума кулап билегиң,
Шайың жок тартып алганга,
Жалдырап тилсиз турчу элең-
Жашыңда мындай курч элең...

1970
Кууганды

 

ЖОК ДЕБЕС ЭЛЕМ

Олтурам суунун боюнда,
Далайлар менин оюмда:
«Адамга арга болсо, дейм
Суу болуп өлбөй коюуга.

Жатканды билбей тынч алып,
Жамгырдан, кардан күч алып
турууга, агып турууга.
Түбөлүк шылдыр күү чалып.

Кайгыга жаны кайгырбай,
Карыга, жашка айрылбай,
Ааламды кирден арылтып
Акканы агып кайрылбай,

Кимди да болсо кандырып,
Кеч кирсе отун жандырып,
Too-таштан төмөн куланып
Ал үчун жанды-жанга уруп,

Сууларда өмүр кызык да,
Жатса да жалгыз сызыкта,
Күн-түнү тиктеп көктү өзү
Бүтпөгөн окшоп кеп-сөзү...»

Олтурам суунун боюнда,
Далайлар менин оюмда:
«Жок дебес элем мен деле,
Суу болуп өлбөй коюуга...»

1970
Талас токоюнда

 

СЕН ЖАНА МЕН

Сүйүүнүн өзү – жаз болуп,
А сен жашыл саз болуп,
Сазга келип мен конуп
Ала моюн каз болуп.

Чыкканда сүйүү күн болуп,
Сен бир көрктүү гүл болуп,
А мен гүлдүн жанында,
Булбул мукам үн болуп.

Сүйүүбүз — бир көл чалкыган,
Сен аккуу анда калкыган.
А мен көлдүн толкуну,
Жээкке жетип чарпылам.

Сүйүүбүз: көл, күн, жаз болуп,
Жалганда сендей аз болуп,
А мен жүргөм, бир сенин
Сөөлөтүңө мас болуп.

1970
Үч-Эмчек

 

***

Кое тур бир аз, жаз келет,
Жерге да биздей наз керек.
Көл таккан бермет өңдөнүп,
Кас-катар аккуу, каз келет.

Көк сайда шыбак буркурап,
Көп торгой көктө чуркуpaп,
Кайткандай болот кайра да
Качанкы биздин курч убак.

1970
Кууганды

 

ОШОЛ ЫРЛАР

Жүргөн болсом ырга бир аз ыр кошуп,
Ошол ырлар -
Тоолорумдан келди оошуп.
Жазам десем -
Чабан жаккан от окшоп,
Туруп берди кырларында Күн жоошуп.

Өзөн -суудан алдым ырды мынчалык:
Олтурганда мен жээгинде тынч алып,
жан терметкен бешик болуп бердиңер,
Жай шылдырттап,
Бир мукамдуу күү чалып.

Көп ырларым
Кыз-келиндер силерден:
Бир кез мени ышкы отуна имерген.
Бекер беле андагы «шыңк» күлүүлөр,
Көз караштар -
Силер мага жиберген.

Кыйры чексиз дан төрөгөн талаалар,
Көлдө жорткон толкундарга барабар,
Таң алдында термелишип турганда
Шоокумунан бир аз берген мага алар.

Кээ бир ырды жандап учуп айтышкан,
Ак чардактар
Көл үстүндө кайкышкан,
Сапардагы же мээнеткеч толкундар,
Жээктерге үшкүрүшүп кайтышкан.

1970
Үч-Эмчек

 

ОШОЛ ЖЫЛЫ

Сен келчү элең,
А мен жыргап калчу элем,
Жерден колго тийген окшоп
                                            көктөгүм.

Көйнөк кийип,
Жоолук салып алчу элең
Биздин жердин
Көк жибектей көктөмүн.
Сен бар үчүн,
Көктөм менде бар үчүн,
Ошол жылы ким көпсө -
Мен көпкөмүн.

1970
Фрунзе

 

СЕН БОЛСОҢ

Мен көрүп бирин-эки чачта агыңды,
Эстедим анда калган жаш чагыңды.

Сен болсон: «Жакшы го деп, бул курагым» -
Жароокер күлкүң менен ургуладың.

О, сенин шоокум салар адатың ай,
Олтуруп кала бердим санаа тынбай.

1970
Фрунзе

 

КУУГАНДЫДАГЫ ТҮН

                                   Социалисттик Эмгектин Баатыры
                                   Шаршен Назаралиевдин эстелигине

Түн бир оокум,
Биз жай алдык коктудан:
Башка дароо тердик-токум жаздалды,
Алдыбызга —
Төшөп коюп көк тулаң,
Үстүбүзгө -
Жаптык жайкы асманды.

«Бырр» бышкырып,
Күрт-күрт чайнап шиберди,
Аттар кетти
Секиришип чидердүү.
Бой чымырап,
Уйкуга жан тартарда,
Кайдан-жайдан күкүк таңшып жиберди.

Сайдын суусу:
Аркырап да,
Күркүрөп,
Илебинен бетке салкын бүркүлөт.
Жел да жортуп,
Тоодон ылдый жакага:
«Уктаба» дейт жалбыракты түрткүлөп.

Аны коштоп,
Ал жактан да,
                     бул жактан.
Саратандар күү кайрышат кыяктан.
Буркан суудай,
Бүт денемден оргуштап,
Келип-келип,
Жүрөгүмө куят кан.

Мен ээ болбой жаткан кезде
                                           каныма,
Үнсүз келип
Бирөө жатты жаныма.
Эми акырын түн термете баштады
Бирге кошуп
                   мени дагы
                                    аны да.

Түн болорбу, биздин жердин түнүндөй:
Тегерете
Тоолор туруп тигиндей,
Ортосуна жылдыздарын жуушатат,
Кой түнөткөн
Короолордун бириндей.

Улам «чо-ойт» деп,
Ит-куштардан тозоттоп,
«Жетигенди»,
«Үркөр» менен кошоктоп,
Жаткансыйбыз анын бир жак четинде.
Короо баккан
Койчуларга биз окшоп.

Коңур булут —
Көктүн аска таштары,
Ары жыла,
Бери жыла баштады.
Короочу иттей,
Тынбай «үрүп» бакалар,

Түндү кууп,
Танды атырып таштады.

Тандын нуру толор менен көзүмө,
Жанымдагы
                  жаткан бала кезиме
«Тур ой!», «Тур!» деп
                             шашкалактап түрткүлөп,
Жалт бурулсам —
Ал бир түнгө
                   качып келген өзүмө,
Жок?
А көрсө, мен
түрткүлөпмүн туулуп өскөн талааны...
Азап болду
Ошол таңкы аттануу,
Айыргандай
Атасынан баланы.

1970
Кууганды

 

ЖОЛДО

Аркырайт асфальт жолдо машинабыз,
Антсе да «бат барсак» деп ашыгабыз.
— Таласка эми канча калды экен? — деп,
Энтелейт жакшы кийген жакшына кыз.
Биз чыккан Чат-Базардан Талас калаа,
Болгондо кырк чакырым алыс гана.
Машина кирип келет,
Үлгүрбөйсүң
«А», «бу» деп,
Оозуң жыйнап алышка да.

Карындаш
Эми ушуну алыссынат.
Биз аны карап көрсөк калысыраак:
Баягы ат-араба кези болуп,
Баратса бу кыз өзү аны сынап?

Биз канча минип өттүк аны кечээ...
Бирок ал
Болгон, өткөн алда качан.
Таласка келер элек алда нече,
Жүк тарткан «Кызыл кире» арабачан.

Күлдүрөп таштуу жолдо төрт дөңгөлөк,
Өр келсе жөлөп-таяп көтөрмөлөп,
Жан кейип,
Өлдүм-талдым деп араңда,
Таласка эл жаткырып жетер элек.

Бар эле жигиттер да не бир албан,
Улактай капты жерден эңип алган.
Алар жок...
Кай бирлери дүйнө салп,
Көптөрү жоодон кайтып келбей калган.

Чөп баскан,
Эгин тарткан арабалар -
Кезинде
Жүрүштү ишке жарап алар.
Эми жок…
Калса калды бирер-жарым,
Музейде турган окшоп карап алар...

Аркырайт асфальт жолдо машинабыз,
Антсе да: «бат жетсек?» деп ашыгабыз.
«Таласка деги канча калды эми?» деп,
Энтелейт жаныбызда жакшына кыз.

1970
Фрунзе-Талас

 

БИР КЕЛИН

Больницада бир келин,
Бирде күлүп, бир жашып,
Уккам минтип жүргөнүн:
«Мен жаралып жатканда,
Берген окшойт адашып,
Такыр башка бирөөнүн
Карып калган жүрөгүн...

Азыркы менин тилегим —
Ал дале кыйын билемин:
Алып салып докторлор
Жүрөгүмдү бу менин,
Коюп берсе ордуна
Жаш жигиттин жүрөгүн?!»

1970
Фрунзе

 

ТААНЫШ ЖАКТАР

Мага тааныш,
Өзүм өскөн жактагы
Жер-суулардын өңү-түсү, аттары,
Ар биринин кулк-мүнөзү, өмүрү,
мага тааныш,
Ал гана эмес, ак кары.

Тааныш баары —
Бир кыштакта турушкан
Менин эски коңшуларым өңдөнүп.
Бирге көрүп ысык-суугун турмуштун,
Жеп жүрөбүз ачуу-таттуу тең бөлүп.

Коншулардай :
Кээси келим-кетимдүү,
Кээси бир аз мамилеге кырсыраак:
Алда нече уялтышып коюшкан,
Барсам бербей,
Бир-эки сап ыр сурап.

Мен таарынбайм,
Таарынганым туурабы?
Кайда кетет тууганынан тууганы?
Менин бактым —
Өнүп-өскөн жер-суулар
Дайым минтип эсен-аман турганы.

1970
Кууганды

 

АШКЫМ БАР

Кайда суулар,
Ошондогу биз кечкен?
Кайда көздөр,
Көрбөсө жок издешкен?
Ал сууларды кайра да бир кечсем дейм.
Ал көздөрдү канбас элем тиктештен.

Турат дале,
Турат жашыл жылгалар,
Турбай, бирок
                      жылып кеткен жылдар ал,
Анткен менен ал жылдардын ордунда
Ошондогу биз ырдаган ырлар бар.
Түндөр келчү жылдыздарын жетелеп,
Чөптөр окшоп
Азыркыдан өтө көк,
Мезгилдин да ашуулары көп эле,
Биз эңсеген,
Бирок али жете элек.

Мен аларды кайра да бир ашкым бар,
Мейли ошондой
Шыгырасын таш-кумдар.
Муну жоктоп айтып жаткан себебим,
Мени такыр таштай элек жаш кумар.

1970
Көк-Арык

 

КАЙДАСЫҢАР!

Акты жылдар,
                  Өттү баштан далайлар,
Кайдасыңар,
Бизди окуткан агайлар?
Кайдасыңар,
Бирге окуган курбулар,
Ал кездеги жашыл жылдар,
Ак айлар?

Бирге келип,
Анан кетти тарап из,
Алыс болду,
Жакын болду арабыз.
Барган сайын
Жылдын саны көбөйүп,
Барган сайын
Биз азайып барабыз.

Мезгил артка жыла түшүп бир азга,
Биз олтурсак
Анда олтурчу класста?
О, ал кайда!
Ошондогу күндөрдөн
Калды жалаң эскерүүлөр мураска.

Эскерүүлөр!
Эскерүүдө көп кызык...
Силер башка, мен да башка бу чакта.
Бирок силер баштагыдай көзгө ысык,
Мен баарыңды кысар белем кучакка!

1970
Көк-Арык, мектеби

 

КЕЛИНДЕРИМ

Сапардын көч башында кечээ күндө,
Барабыз бүгүн анын этегинде,
Барабыз,
Артка кылчак кайрылалбай,
Мезгилдин дегдеңдеткен жетегинде.

Келиндер тергеп калды:
                                     «Аке» — дешип,
Жүгүнүп
             учурашып калат алар -
Авалтан бизге келген ата кесип.


«Бул өзү — төмөнсүнүү же басынуу,
Жүгүнүү-жаман жорук» деп асылуу -
Туура эмес,
Бул — улууну сыйлоо кайра,
Бүгүнкү көп салттардын бир асылы.

Кааласаң,
Басып келип колуң бергин,
Же жүгүн -
                «эсенсизби» деген белгиң,
Мен үчүн аларда түк айрыма жок,
Өз эркиң, садагасы, келиндерим.

1970
Үч-Эмчек

 

САГЫНУУ

Жылдар жылга багынат,
Суулар сууга агылат,
Жаш карыга айланып,
Сүйгөндөр сүйүү сагынат.

Сагынат, жаман сагынат,
Санаасын бөлүп сан убак.
Сагынган менен не чара -
Сатыкка кайдан табылат?

Жасатып алар жер да жок,
Карызга берер эр да жок...
Ойлобо, бирок, бул бойдон
Жоголуп кетет бул «жомок» -

Эскере турган эс калат,
Карашып көнгөн көз калат.
Аттиң арман. Ал, демек -
Алтыны бүтүп, жез калат.

1970
Кууганды

 

ЭМНЕ БАР!

Дүбүртүңдөн чаң урап,
Дүбүртүңдөн
кулак мындай жаңырат:
Мезгил, айтчы,
Сен каякка шашасың?
Кайда дагы сен ашуучу кыялар?
Андан ары эмне бар?
Токточу көз ирмемге,
Түшүнсөм деймин сени,
Жөнөкөй сүрөт кылып,
түшүрсөм деймин сени.
Тапсам дейм ал аркылуу,
Өңүң менен формаңды.
Же жандаша түшкөндө,
Жармашып колум туу жалга,
Секирип минип мен сага
Мингендей азоо бууданга,
Жөнөй берсем чуу коюп,
Бул заманым туу болуп,
Мезгил менен мейкиндик,
Артка аккан суу болуп,
Ай айлына беш конуп,
Күн айлына он конуп,
Бир кылымда эс алып,
Бир кылымда ойгонуп,
Улам издеп, менден мени жаңы таап,
Улуу-улуу жамгыр болуп жерге жаап...

Мезгил,
Келет сенин бешигиңе бөлөнгүм,
Келет сага жүзүм менен жөлөнгүм...

1970
Кууганды

 

ЫСЫК-КӨЛ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ

Ысык-Көл.
Экөөбүздү бир жер тууган:
Сен дүйнө-
Көп заманга көлкүп турган,
Мен бири -
Бул күндөгү көп акындын,
Ыр менен бирде ысыса,
Бирде сууган.

Эң эле жакынынан жакын көрүп,
Бооруңа эчен-эчен акын келип
ырдашты: «О, көлүм!» деп,
Ырларына,
Жүрөктүн оту менен жанын берип.

Бир убак
Тоң айлында Жоомарт жүрдү-
Сен курдуу толкуур эле түрдүү-түрдүү.
Көп жатты Чолпон-ата бойлорунда,
Алыкул-
Сенче терең, сенче сүрдүү.
Акындар: Жусуп дагы,
Мукай дагы,
Бирге өтүп бир айлары,
                                  бир жайлары,
Сенин бул жар чапчыган жээгиң менен,
Жылкыдай дүбүрттөтүп ыр айдады.
«Калды — деп,
                     төрт толкунум кайда токтоп?»

Жүрөрсүң,
Сен да аларды издеп-жоктоп.
Мен келсем,
Мага дайым көрүнөсүң,
Алардын ар кимиси өзүң окшоп.

Мен сага -
Ыйык сүйгөн бул жериме,
Меккеге эл аккандай илгериде
Келемин,
Келем жана «сыйынууга»,
Сендеги кыргыз ырдын «пирлерине».

1970
Чолпон-Ата

 

***

Мен жүрүп Ысык-Көлдүн бойлорунда,
Көп болдум үлпөт менен тойлорунда.
Ошондо муну сездим:
Жаткан экен,
Боз торгой жумурткалап кой жонунда.

1970
Чолпон-Ата

 

КҮҮ ЭЛЕК

Мен комуз, а сен кыл болуп,
Бир күүгө келип толгонуп
чертилер элек ар күнү.
Сагындым укпай ал күүнү.

Сен дагы мендей сагынсаң,
Кыл болуп кайра тагылсаң— 
Чертилип көрсөк үн кошо
Жаңыртар белек күүнү ошо?

Жаңырса мүмкүн, жаңырар,
Анда эми кандай маани бар?
Ошондо айткан кептер жок
Ошол кеч, ошол чөптөр жок.

Өзүндү ошол кезде мен
Көрчүмүн башка көз менен,
Азыркы көзүм ал эмес,
А түгүл, бүгүн — өзгө мен.

Мен комуз, а сен кыл болуп
Бир күүгө келип толгонуп,
Чертилер элек ар күнү,
Сагындым укпай ал күүнү!..

1971
Үч-Эмчек

 

ЖЫЛКЫЧЫ

Аскалар көктү сайгылап,
Асманда сүңгүп ай жылат —
Түн бою байыр табалбай,
Дөңгөкшүп жатат сай кулап.

Жылкылар жондо күтүрөп,
Жылгадан жаң-жуң ит үрөт.
Чылбырын жулкуп кажанат,
Чыйрыккан күлүк титиреп.

Укурук жүрөт карууда,
Ой-санаа бирок арууда.
Антсе да сулуу кечирер,
Арга жок азыр барууга...

1971
Үч-Эмчек

 

АДАМ

Балким адам музыкадан түзүлгөн -
Ал бар жердин бардыгында күү ойноп,
Ал жок жерлер -комуз кылы үзүлгөн.

Же ким билет, жаралганбы ал ырдан -
Ал бар жерлер обон болуп жаңырып,
Ал жок жерлер окшойт үнсүз аңырган.

Бүттү бекен же жарыктан, же оттон -
Ал бар жерлер дайым жарык жаадырап,
Ал жок жерлер окшойт күнүн жоготкон.

1971
Малеевка

 

КЫРГЫЗ ТОПУРАГЫНА

Бала кезде ойлогом:
Дүйнө илгертен ушундай,
Жер өңдөнүп, калыбынан бузулбай
турган жана тура берет ата-эне.

Азыр эми алыстаган вокзалдай
ал курактар калып калды бат эле.
Жаш төк,
Жалбар үч убак
аны экинчи көрүү жок,
Калуу да жок ага кокус учурап,
Андагыдай чуркап өтпөй мезгилди,
Боорум менен жылып өтөм десем да
мага койбой мезгил алга учурат.

Жаш күндөрүм үзгөн сайын караанын,
Мен да сага кызганчаак болуп барамын.
Билинбеген кайдагы бир сезимге,

Бир үлп этип же жел тийген кезинде
Сага деген сүйүүлөрум жаш болуп,
Тегеренип тура калат көзүмдө.
Асманында сулуу, сулуу жылдызы бар
                                                  жер да сен,
Жылдыздардай тунук кашка суулары бар
                                                  жер да сен.
Билбейм-билбейм эмне болор экенмин
сага деген карзымды актап бербесем?!

Эсиңдеби тууган жер?
Баягыда сага жазган кат мына:
«Силер, суулар,
Жаңырыктап аккыла,
Куштар, силер,
Бой ургула чабытка!
Кечээ, бүгүн арабыздан кеткендер
тынч жаткыла, тагдыр аттуу табытта.

А дарактар, силер көктөй бергиле
Жерде турмуш бүтпөйт деген белгиде.
Силер менен сырдаша албайм мен эми
Баарың аман калгыла,
А мен кеттим келаткан жоо алдына».

...Берип кайттым мен анда төрт жылымды.
Эмне деген жылдар эле,о чиркин!
Кырк биринчи жыл жазына курбалдаш,
Сулуу,
Күчтүү,
Жана жаш,
Бала оюндай таза болчу жылдарым,
Жаратымдан аккан канга аралаш,
Боpooн каккан бир күздүн
                                     жалбырагы өңдөнүп
калды алар,

Адамзаттын сөөгү эгилген талаада
Бирок анын эстелиги – жараттар,
Турат мына денемде.
Алар сыздап кетишет,
Амалкөйлөр төш уруп,
«Жерди сүйөм» дегенде.

……………………………………

Мага дагы сыноо эле ал күндөр,
Сага дагы сыноо эле ал күндөр…

……………………………………

Сени коргоп, уулдарың окко учса,
Үнүңдү уктум каргылданып ыйлаган.
Кайгыңды уктум күңгүрөнүп тынбаган.

О, Жер-Эне
Аны угуу да мага болгон азаптуу.
Мен ошондо түшүнгөм,
Сенин мага канча кымбат экениң!

Окко тосуп жыйырмада жашымды
Мен батышка жылгамын,

Өлсөм үстүм жаппасына жан кейип
Топурагы өнүп— өскөн жылганын.

Сени сүйүп жан беришти канчалар!
Алар бүгүн өз бооруңда укташат.
Жок, уктабайт, кеткен алар тирилип— 
Мүрзөлөрдөн өнүп чыккан чөп болуп,
Алар сүйлөйт акырын баш ыргашып,
Ал кыргындын азаптары жөнүндө:

Эй, адамдар, аны ала жүр көңүлгө!
А өздөрү бизде жок.
Бирок калган кан жолдордун
                                            башталышы,
бүткөн жери— вокзалдар.
Калган жана ак сүйүүлөр жердеги
Турат дале баштагыдай жанды азгырган
                                                         эски асман.

Бүгүн биздин тирилик
өтүп келген ок көзөгөн өмүрүнөн алардын.
Урматына алардын,
Салют берет дайыма
шатырата жамгыр төгүп кең асман,
Шуудурашып токойлор,
Шарт жарыла каткырышып жаш балдар,
Биз тирүүлөр –
                      биз аларга эстелик…

Кайра келсем,
Туулуп өскөн топурак
толгон, толгон вокзалдарың көрсөттүң,
Мен өңдүүлөр батпай жүргөн топурап.
Ошол жерден-
Миңдеген жол -турмушка,
Ар биринде бирден белен поезддер,
Карап калган сигнал гана урушка.
А мен ачтым адабият вокзалын,
Түзүкко деп өзүмдү өзүм издегеним-
                                                   казганым.

«Тилди сүй,
Сөздөр— кыш,
Ой – данакер,
Тургуз үй!»
Айткан элең аттанарда жолума…
Үңүп, казып келемин өз дүйнөмдү
Кыргыз тили— алган курал колума.
Тууган жерим, ыраазы бол барына!

Мен сөздөргө жан бералбай – түйшүктүү,
Мен ойлорго от бералбай – түйшүктүү,
Тууган жерим!
Кээде катуу кыйналганда ырымда,
Балким пайдам көп тиймекпи, деп кетем,
Ыр айдабай,
Жылкы айдасам кырыңда?!

1971
Фрунзе

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

С.Эралиевдин «Тандалмалар» китебинен сүрөттөрдү көчүрүү

 

© Эралиев С., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 6430