Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Шейшенбаев Эркинбек, 2009. Бардык укуктар корголгон
© ИМ Мамлекеттик фонду, 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 24-январы

Эркинбек ШЕЙШЕНБАЕВ

Башат

(ырлар)

Жаш акын ырларында өз заманынын көйгөйлүү маселелерин көтөрөт. Анын ырларынын жарыкка чыгарылышына чыгармачыл жаштардын Республикалык «Нурборбор» бирикмесинин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматына караштуу интеллектуалдык менчик Мамлекеттик фонду тарабынан колдоо көрсөтүлдү.

Автор Кыргызстандын «2009-жылдын тандоосу» конкурсунун «Мыкты баштапкы китеп» номинациясы боюнча жеңүүчүсү.

Шейшенбаев Эркинбек. Башат: Ырлар. – Б.: 2009. – 60 б. китебинен алынды. Нускасы 300 даана.

УДК 821.51
ББК 84 Ки 7-5
Ш-39
ISBN 978-9967-25-396-4
Ш 4702300200-09

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы
Интеллектуалдык менчиктин Мамлекеттик фонду

Чыгармалар жыйнагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директору Мелисбек Улан Мелисбековичдин жалпы редакциясы астында чыгарылды

Редакторлору: М.А. Ааматов, А.Ч. Чекиров
Компьютердик калыпка салган: В.М. Имангазиева
Сүрөтчүсү: Ж.К. Курмушуева

 

УЛУТТУК АҢ СЕЗИМ

Жашап келем жашоо деми барында,
Жан дилимди кармап тирүү жалынга.
Ой санаадан от жүрөгүм кысылат, 
Өрттөнүү бар агып турган канымда.

Кандай гана болбосун,
                           Мен кыргызмын!
Моюн сунбас багынбас!
Кыргыз эмес кабыландын 
                           Касиетин сагынбас!
Ошондуктан жашайт менде, 
Кыраан шердин мүнөзү!
Көкүрөктө, Жүрөгүмдө,
Көк Теңирдин мүдөөсү!
Жоокер Элмин,
Асман кутун сактаган,
Мен ошого сыймыктанам, даңктанам!
Чексиздиктин уулу болом сүйүктүү,
Ошондуктан дилим көздөйт бийикти,
Жаным тааныйт ыйыктыкты.

Адамзаттын асылымын, Кыргызмын!
Ай ааламга Алтын Казык Жылдызмын!
Жеңилбесмин, жеңишчилмин улукмун!
Жер жүзүндө уюткулуу улутмун!
Ар намыстуу, аруу, таза тунукмун!

Баатыр элмин согуштарда машыккан,
Жоо дегенде өрт майданга ашыккан.
Намыс үчүн жанды көккө тапшырып,
Найзалашкан калгычакты кашык кан!

Адилетмин, аткан таңмын дилдеги!
Калыстыктын ордосумун жердеги! 
Адамзатка кубат берип нур төккөн,
Ал Мендеги Эркиндиктин эр деми!
Адамзатка кубат берип нур төккөн,
Кыргыздагы Эркиндиктин Эр деми!

2.09.2008

 

ТЕҢИР КУТ ИРЭЭТИ

Сапырылып күлүм калса да,
Мен кайрадан келем тирилип.
Көтөрүлүп асыл мартаба,
Кыргыз жашайт дилден биригип.

Жоктон кайра барман боломун, 
Билем рухка дарман толоорун.
Жан Жүрөгүн арнап Асманга,
Кыргыз коргойт Теңир Тоолорун.

Өрттөн кайра дене күтөмүн,
Замандарды жутам бүкүлү.
Улуу Асман нугун түзөмүн,
Жараткандын ушул бүтүмү.

Көктөн тиктеп Асман көз менен,
Жаратамын жаңы Дөөлөттү.
Кыргыздагы Улуу Сөз менен
Жерге бердим жаңы Мөөнөттү.

22.09.2008

 

ЭЛ-МЕКЕН

Биздин Мекен жарык маанай жакшы жер,
Мен ушунда туулуп өскөм, эр жеткем.
Аталардын каны – жаны жуурулган,
Топурагы алтын, жакут,берметтен.

Биздин көлдөр – энелердин көз жашы,
Кайрат күчкө миң чыйралып өрүлгөн.
Биздин суулар – тирүүлүктүн көч башы,
Түбөлүктүн түпкүрүнөн төгүлгөн.

Биздин жашоо – бир жарк эткен чагылган,
Урпактарга тартуу кылган таалайын.
Биздин дымак – эркин дайра агылган,
Келечекке берген жаштык маанайын.

5.08.2006

 

НУР ДЕМИ

Адам келет, адам кетет дүйнөдөн.
Күндөр болот куураган да, гүлдөгөн,
Турмуш чаңын күбүп салып өзүңдөн,
Жаша жаштык жаңы гана бүрдөгөн!

Мен кызганам тирүүлүктү тагдырдан,
Өмүр жолун өкүнүчкө азгырган.
Сага гана берем сөздүн кезегин,
Таза үмүт ар күн сайын жакшырган.

Ар бир жанга өз бактысын бергим бар!
Менин деле кайра кайтпас эрким бар!
Бакыт болуп жер бетине төгүлүп,
Тирүүлүккө түмөн жолу келгим бар!

Ишенгиле көктөн келген өкүмгө!
Кубангыла издеп тапкан өмүргө!
Биз баары бир асман кезип кетебиз,
Тагдыр кебин эч бир албай көңүлгө.

Тереңдикти, кенендикти тапкыла!
Бийиктикти, жаңылыкты ачкыла!
Койнуңарда толуп турса нур кубат,
Күндөй болуп бүт дүйнөгө чачкыла!

19.05.2005

 

* * *

Ар ким тандайт ар кандай тагдыр жолун,
Ар нерсени курулай ойлонбогун.
Сен тандагын жүрөккө барар жолду,
Дал ошондо билесиң оңолгонуң.

 

* * *

Жашоодо эмне маанилүү?
Жашоонун өзү маанилүү.
Жаркырап турса жан дүйнө,
Өмүрлөр өтөөр шаанилүү.

 

* * *

Жалган айтпайм, ачыгымды айтамын,
Бул өмүрдө мен эмнени байкадым.
Мен байкадым алсыздыгын адамдын,
Мен байкадым күчтүүлүгүн адамдын.

 

* * *

Көп жылдардын ачып окуп барагын,
Көөнөрбөгөн Кыргыз Жолун карагын.
Көкүрөгү кең Алптардын урпагы,
Ата Журттун керегине жарагын.

 

БАШАТ

Өткөн өттү, болоор нерсе бүдөмүк
Биз өмүрдү учур чакта сүрөлүк.
Жараткандын Жүрөгүнөн жаралган,
Кыргыз Элдин улуктугу түбөлүк.

Өрттөй жанып өлбөстүктө жашаган,
Өсүп өнүп Теңир берген батадан,
Башат болуп тирүүлүккө жан салып,
Башталганбыз Улуу Кыргыз Атадан.

 

КҮН ЖОЛУ

Чыгыштан чыгып келем,
Түндүккө түнөп өтөм.
Түштүктөн түштөнөмүн,
Батышка батып кетем.
Тагдырым ушул менин,
Тарыхым ушул менин.
Кайрадан келем сага, келечегим!
Жапжаңы жашоо болуп үмүттөнгөн,
Жапжарык шоола болуп үмүт берген.
Кайрадан келем сага, келечегим!
Кайнаган турмуш болуп,
Кабылан кыргыз болуп,
Кайрадан келем сага, Күндүн Эли!

2004-жыл.

 

УЛУУ КЫРГЫЗ

Кайгы-капа башыңарга келбесин,
Көңүлүңөр Ала-Тоону жердесин,
Мекендешим, бир тууганым, кыргызым!
Бакытыңды эч бир азап жеңбесин!

Жүзүңөрдү муңдуу бырыш баспасын,
Көзүңөрдөн азалуу жаш акпасын.
Көөнүңөрдөн ташкындаган кудурет,
Бабалардын ишеничин актасын!

Ар намыс! – деп, Эр Манас! – деп, эзелким
Келечегин тулпар кылып таптаган!
Карт тарыхта бекем чыңап өз эркин,
Биримдигин бир кишидей сактаган!

Уюткулуу Улуу Кыргыз, кырк уруум,
Ыйык тутуп бабалардын мурасын,
Түбөлүктүн Мөөрүн басып салтыңа,
Бүт доорлордо Дөөлөт болуп турасың!

30.06.2002

 

СЫЙЫНУУ

Жакшы тилек, ойлорду бергениңе
Рахмат сага, Боорукер 
                           Оо Жараткан. 
Жибергенсиң рухумду Жер бетине,
үн алышып тургун деп, Тоо тараптан.

Касиеттүү тоолордун арасында,
Жашап жүрөм Күн көрүп, 
                           Көк астында.
Алаканга салгандай бүт өмүрүм,
Өтүп жатат өзүңдүн көз алдыңда.

23.11.2005

 

***

Издеп-издеп жашоо, өмүр маңызын,
Түңүлөөрдө көздүн жашын агыздым.
Көк Асмандын тыңшап жүрөк кагышын,
Кут түшкөндө өчкөн отту тамыздым.

Сүйүнгөндөн шоокумданды жан дүйнөм,
Шоолаларым алыстарга төгүлдү.
Кереметтин мээримине бөлөндүм,
Рахмат Кудай, көкөлөттүң көңүлдү.

2007-жыл.

 

ЖАН СЫРЫ

Чече албай өзүңдөгү түйүндөрдү,
Кээ кезде адат кылып түңүлгөндү,
Сен адам келатасың сырдуу жолдо,
Унутуп көңүл эргип сүйүнгөндү.

Издейсиң жаның, дилиң самаганды,
Аралап кеткиң келет ай-ааламды.
Изилдеп бүтпөй жатып өзүңдү өзүң,
Канткенде тындырмаксың санааларды.

Жашай бил, Жараткандын эрки менен,
Асманда, көкүрөктө эргүү кенен.
Эгерим аракетиң текке кетпес,
Бириксең тирүүлүктө Теңир менен.

Оо асыл, аруу жана таза жандар!
Ойдогу оюндардан тажагандар!
Тапкыла табышмактын жандырмагын,
Нур болуп Жараткандан тарагандар.

10.09.2007

 

СЕН АДАМ

Өмүрдө жыргап-куунап жашагыла,
Алдырбай азгырыктын азабына.
Түз гана өтүп кеткин көңүл бөлбөй,
Түшпөстөн түңүлүүнүн тузагына.

Сен адам, күлүп жайнап жакшы жүрүп,
Бактылуу көз ирмемдик өмүр сүрүп,
Сарсанаа болбо такыр эч нерсеге,
Калбасын өсүп турган көңүл сынып.

Аздекте Теңир берген асыл жанды,
Унуткун капаланып кайгырганды.
Баардыгы кереметтүү чексиз балкуу,
Ээритип бириктирген тагдырларды.

1.10.2007

 

ЖАН ДҮЙНӨЛҮК КҮРӨШ

    Менин дагы жүрөгүмдө,
    Сенин дагы жүрөгүңдө,
    Жүрүп жатат нак согуш!
    Көрүнбөгөн көздөргө,
    Бирок байкап карасаң,
    Көздөрүңдөн көрүнгөн.
    Бул саясый күрөш эмес,
    Шайлоолордон шайлоолорго
    Өткөрүлүп берилген.
Мазактаган маңкурттарды,
Шылдыңдаган пенделерди,
Бул саясый оюн эмес.

Жүрөктөрдө жүрүп жаткан
Чын согуштун себеби,
Бул жашоонун Адам үчүн
Адамдык зор мааниси да маңызы,
Тирүүлүктүн нак мазмуну нагызы
Бек корголуп калыш керек!
Жан дүйнөнүн очок оту жаныш керек
                                                        жалындап!
Улуттук да адамзаттык, 
Дараметте деңгээлде.
Бул согуштун бар себеби дал ушул.

Өмүрүңдүн өтүп жаткан 
Ар бир секунд, мүнөтү,
Жан дүйнөңдүн
Жан дүйнөлүк жашоо үчүн
                                          күрөшү. 
Менин дагы жүрөгүмдө,
Сенин дагы жүрөгүңдө,
Жүрүп жатат нак согуш!
Көрүнбөгөн көздөргө,
Бирок байкап карасаң,
Көздөрүңдөн көрүнгөн.

19.09.2008

 

КӨКҮРӨК БОРБОРУНДА

Мындай жашоо туура эмес
мен үчүн да сен үчүн!
Билесиңби, биздин ушул 
                           абалыбыз не үчүн?
Негедир мен кээ күндөрү
Түндө уктаар алдында,
Же болбосо эртең менен
Ойгонгондо дароо мен,
Жүрөгүмдү кысып турган нерседен,
Кутулууга жандалбастайм,
Жанталашам аргасыздык дартынан,
Бошонууга таптакыр!
Кыймылсыз карбаластайм!
Болгону көздөрүмдөн
Көрүнүп согуштун кыйноолору,
Рухумда жүрүп жаткан,
Ууланган ой сезимдин
Тынымсыз күйүп жаткан
                           учкундары…
Каптаган кызгылт сары
                           түтүндөрү…
Эми мен эмне деймин?
Туура эмес мындай жашоо…
Бул пикир эмнеликтен?
А балким пенделиктен?
А балким такыр башка, такыр бөлөк,
Чоочун бир түшүнүктүр аң сезимде?..
Ойлогом дүйнөлүк саясаттын
Биздеги жүрүп жаткан таасири деп.
Маалымат согушунун
Бул өзү не сыры? – деп.
Көрбөстөн ачык айкын,
Жетпестен акыл сезим
Түшүнбөй нак мазмунун,
Адамдык адашуунун 
Ааламдык максат нугун!
Өзүмчө түкшүмөлдөп,
Кыйналып жүргөнүмдө,
Көкүрөк борборунда
Шар сымал топтоголок бир нерсени 
Көк Теңир сактап турду.
Өзгөчө тунуктугу, 
Окшобос эч нерсеге
                           жакты мага…

12.09.2008

 

ШААБАЙ

Жүрөктү, көкүрөктү өрт алганда,
Орун жок андай жанга бул жалганда.
Жан дүйнөң сапырылып чындык көксөп,
Тагдырың Көк Теңирге арналганда,

Бекем бол ишенимге, шаабайлуу бол.
Жылдыздуу Асман Жолу таалайлуу жол! 
Көк менен Жер Эненин түркүгүндөй,
Ыйык бол, Көк Теңирдин бүркүтүндөй!

Жаныбыз бирге биздин алмустактан,
Мүрөктүн суусун ичип акыйкаттан.
Жан арнап кызмат кылган Жаратканга,
Кыргыздын кубатыбыз ашып-ташкан.

19.10.2008

 

АЛТЫН ТАГДЫР

Аргымагым болсочу атырылган,
Көкүл жалы жалындап сапырылган.
Ай-ааламды кыдырып зуу-зуу этип,
Жүрсөм гана мезгилден ашып ылдам.

Жүрөгүмдө кысылуу токтосочу!
Кысылган соң жүрөгүм сокпосочу!
Кыргыз үчүн кызматка жарабасам,
Эсил кайран Эркин деп жоктобочу.

Жоктобогун Асманым аза күтпө,
Ай чапчыган азоодой күнүм бүтсө.
Жараткан аа, жүрөгүм жарылса да,
Ата Журтум бөлөнсүн аппак сүткө.

Тирүүлүктүн түгөнбөс учугумун.
Мен Манастын таптаза тукумумун.
Керек болсо тарыхка алтын тагдыр,
Тутуп алаар тулпарды укуругум.

3.06.2005

 

КЫРГЫЗДАРГА

Кыргыз! Кыргыз кылымдарга сүр көрсөт,
Өгөйсүнтүп турса сени заманаң. 
Араңарда ар түркүн жан жүргөнсүйт, 
Достукту да, кастыкты да самаган.

Кимисине төрдү жаңсап өт дейсиң,
Кимисине тизе бүгүп чөк дейсиң.
Сен канткенде улут деген күчүңдү
Унут кылбай ушул күндө эстейсиң.

Баатыр элең, кайра баатыр болгунуң,
Эч тоготпо куу турмуштун кордугун.
Амал менен каныңды ичкен дүйнөнү,
Ажыдаардай бир оп тартып соргунуң.

Сенин дүйнөң ал дүйнөдөн башкача,
Сенин дүйнөң кашка суудай таптаза.
Алмаз өңдүү асылдыгың баркталаар,
Жаратканым жалгыз өзү сактаса.

Кыргыз! Кыргыз кылымдарга чаң салгын!
Намыстангын көй кашкалар тандалгын!
Жер бетинде таза тектүү улуттан
Билсең эгер, жалгыз өзүң калгансың.

22.05.2005

 

ТЕҢИР КУТУ

Жан ааламга жасагыла саякат,
Жан ааламдан түшүп келген жылдыздар!
«Теңир Куту» деген атак алышып,
Жер Энени мекендеген кыргыздар!
Жан ааламга жасагыла саякат.

«Көздүү мончок жерде калбайт» а демек,
Теңир таануу эң биринчи милдетиң.
Таңуулабайм эреже деп мен муну,
Ата салтын кантип кыргыз билбесин!

Эгер бирөө «салт эски» деп сындаса,
Ошол адам акылынан адашкан.
Маңкурттуктун ширисине курчалып,
Өзү салган тузагына чаташкан.

Эгер бирөө «тегиң ким?» деп сураса,
«Кыргызмын» деп айтпай чанып улутун
Келжирешсе, кайгырбагын аларга
Алар деген – курмандыгы улуттун!

Кыргыз салты – маданият башаты,
Сый урматтын эң бир кылдат үлгүсү.
Жан дүйнөнүн аруулугун тааныган,
Дил мүрөгү акыл эстин дүрбүсү.

Аруу элдер аз болушат себеби,
Анын сыры санда эмес сапатта.
Демек, тектүү Теңир Кутун барктасак,
Улуу иштер илгерилейт заматта.

Көз мончоктой чачырыган ар кайда,
Кыргыз салтын, жашоо нугун жандантып.
Ата Журттун капалыгын жазалы,
Көк тиреген Ала Тоону шаңдантып.

6.02.2002

 

АТИЛЛАНЫН ЧАКЫРЫГЫ

Болгун мендик эргүүлөргө ортоктош,
От алсын ой ылдамдыгын токтотпос.
Сен көздөсөң көз кайкыган бийикти,
Колдоочуң мен, каршылашка кордотпос.

Сен ишенгин болуп мага максатташ,
Кыйын жолдо дымак берген аксатпас.
Эриш-аркак ынтымакты сактаган,
Мекенине дымкыл түтүн каптатпас.

Өзгөлөргө улуу сырың билгизбей,
Өзөгүңө уу илдетти киргизбей.
Өз көзүңөн аккан жашка жүз чайып,
Кыргызыма бир жаман кеп тийгизбей.
Ата Журт! – деп, согуп турсун жүрөгүң,
Ала Тоо! – деп, кагып турсун тамырың.

23.12.2003

 

КЫРГЫЗ ЫРЫ

Кыргызды даңазалап өмүр өтсүн,
Бүт ойлор баба салтын көкөлөтсүн.
Аруу нур агып турган Ак калпактан,
Намыссыз наадандыкты чөгөлөтсүн!

Чыйрактык бошоңдукту талкаласын,
Көтөрүп улуу кыргыз мартабасын! 
Ишеним жана үмүт күлүп жайнап,
Аралап кирип келсин калк арасын.

Кыр кезген Кырк Уруудан калган кыргыз,
Кудайдан Улуу милдет алган кыргыз.
Ар качан жакшылыктын чордонунан,
Агарган шоола болуп жанган кыргыз!

Кошойдой Эр Манаска үзөңгүлөш,
Баштагын бакыт үчүн балбан күрөш!
Шаңшыган, Кут ташыган бийиктиктен, 
Жашасын! Кыргызымда Айкөл мүнөз!

18.04.2002

 

ЖӨН АДАМ

Мен жашоого кубанамын, шаңданам,
Шаттыгыма сүйүнүшөт канча жан.
Убакыттын кулак төшөп кебине,
Уккан сайын ар сөзүнө арбалам.

Бул жашоого мен бир келген жыргал жан,
Дүкүлдөгөн жүрөгүмдө нур майрам.
Жаштыгымды жаш боюнча калтыр деп,
Мен уруксат сурап алгам жылдардан.

Шайыр күндүн шаттыгына арнаган,
Ырлар жазам жакшылыкты жарлаган.
Намыс коргоп, кара кылды как жарган,
Калыс жанмын Манас туусун кармаган.

Бул жашоого мен бир келген жөн адам,
Таазим кылып Көктөн буйрук сураган.
Өлкөлөрдү урат десе уратып,
Өлкөлөрдү кура десе кураган.

10.02.2005

 

АКЫБАЛ

Өйдө-төмөн турмуш кечирип,
Сапарымдан калдым кечигип.
Өмүрүмдүн суусун шимирдим,
Өрүк бышкан кезде эзилип.

Тирүүлүктүн күчү түгөндү,
Пайдаланбай аны үнөмдүү.
Тагдырыма наалат айтпаймын,
Сезип турам жеке күнөөмдү.

Таппай жүрөм Мекен бактысын,
Ырлар жазбай калдым жайкысын.
Жүрөгүмө жыйдым жан үрөп,
Тирүүлөрдүн бардык кайгысын.

Эми менде ойлор ар кандай, 
Эч нерсеге калдым арданбай.
Тоюп бүттүм жыргал-кууралга,
Ай ааламды жутуп алгандай.

21.08.2006

 

КЭЭ КҮНДӨРҮ

Мен Кудайга кыйналганда кайрылып,
Азгырыкка алдатамын жылдарды. 
Кээ күндөрү жок нерсени бар кылып,
Жаратамын эң жөнөкөй ырларды.

Узун-узун жолдор менен достошуп,
Кээ күндөрү болочокту кыдырам.
Шаң коштогон дымагыма окшошуп,
Санаалардын саркындысын сыдырам.

А бирок мен, чын чынына келгенде, 
Алсыздыктын чеңгелинде чаңырган,
Ыр жүрөкмүн ызаланган үмүтмүн,
Чексиздикте түбөлүктө жаңырган.

Мен кудайга кыйналганда сыйынып,
Кээ күндөрү алсыздыгым унутам.
Көкүрөккө эргүүлөрүм жыйылып,
Үшүп калган жүрөктөрдү жылытам.

10.04.2002

 

АЛКОО ЫРЫ

Өмүр укмуш өтүп кетсе көз ирмем,
Өлөөрүңдө бир жылт этээр эсиңден.
Ак шоокумдар теребелге толгуча, 
Алкоо ырын алып калгын Теңирден.

Турмуш шумдук тегеренген тегирмен,
Кээ бир жандар азгырыкка берилген.
Аңдабастан айлампада чайналып,
Алкоо ырын укпай калат Теңирден.

Адамдар бар адал иштен эринген,
Арам оокат жыйып алып эсирген.
Пара алып, пара берип иш кылып,
Укпай калат алкоо ырын Теңирден.

Абийир деген адам үчүн берилген,
Абай салсаң көкүрөктө сезилген.
Жең ичинен соода жүрүп кеткенде,
Жетпей калат алкоо ыры Теңирден.

Өлөөрүңдө бир жылт этсин эсиңден,
Алып калгын алкоо ырын Теңирден.
Өзүм дебей калайыкка кызмат кыл,
Өмүр укмуш өтүп кетсе көз ирмем.

18.01.2005

 

ЭЛ КЕЗЕГИ

Мен ушул ырааты жок, ирээти жок, 
Адашкан адамдардын дүйнөсүндө,
Каңгырап куурап калган жан рухтардын
Ыйлаймын тагдырынын мүрзөсүндө.

Курусун! «Кара тумоо» доорундагы,
Улуттун эс дилине уу чылаган,
Курусун! Маңкурттардын «той» кылганы
Мезгилде мекенимде «туу» кулаган.

Өрттөнгөн, жарылчудай жүрөгүмдө! 
Кор болгон тебеленген кыргызымды,
Күч бардыр коргогудай бир өмүрдө!
Нурдантып көкөлөтөөр жылдызыңды!

Тоолорду, Ысык-Көлдү, Ата-Журтту,
Тепседи кара мүртөз кас адамдар.
Ойгонгун, саясаттан Улуу Кыргыз!
Азаптан алдануудан тажагандар.

Көтөрүл, кезегиңди кетирбегин,
Саткындар көз боочулар эсирбесин.
Азыртан өз башыңа өзүң ээ бол,
Урпактар кулчулукта эзилбесин.

Мен ушул ырааты жок, ирээти жок,
Адашкан адамдардын дүйнөсүндө,
Каңгырап куурап калган жан рухтардын
Ыйлаймын тагдырынын мүрзөсүндө.

21.10.2007

 

ДИЛ СӨЗҮ

Тээ эзелки замандарда 
Дымак берип адамдарга,
Жашаганмын Манас туусун бек кармап.
Отту чапчып жалындаган кол менен
Жашаганмын Манас туусун бек кармап.

Өтүп кеткем ойлонбостон эч нерсе
Тээ ыраакы келечекке зымырап,
Төрөлө элек урпактарга шыбырап,
Манас деген ыйык сөздү кайталап,
Ошондуктан коштойт мени бар тарап.

Дал ошентип эки чексиз багытка,
Келечекке жана кыраа тарыхка
Жатып алгам ажыдаардай созулган, 
Асман жерге жаны дени кошулган.

Азыр болсо адам болуп кубулуп,
Бул турмушта бар-жогуна урунуп. 
Келип калдым көз ирмемдик өмүргө,
Кыргызыма белек болуп сунулуп.

14.04.2005

 

КЫРГЫЗ ЭНЕ КЫЗДАРЫ

Бизге керек Бүбүсара бийкечтер,
Самарадай сулуу кыздар күү черткен.
Бизге келет кайра туулуп Курманжан,
Көз кайкыган бийик чоку, туу чектен.

Кайра келер Таттыбүбү, Мөөр кыз,
Таза дилдүү өнөргө бай перилер.
Эл сыймыгы, ар намыстуу Талмыз кыз*
Мекен үчүн Улуу Көктөн берилер.

Каныкейлер төгөрөгү төп келген,
Айчүрөктөр бүткөн сыйкыр көктөмдөн,
Арабызга аралашып келишсин,
Салтанаттуу тээ байыркы өткөндөн.

Ишенемин Аруукедей таптаза
Аруу жандар кайра баштан төрөлүп,
Ар бир күндү шоокумдантып кубултуп,
Келиндердин көшөгөсү көгөрүп.

Өзгөрүүлөр жакшылыкка баш бурат,
Багы ачылып Жаңыл Мырза кыздардын.
Талантына таазим кылаар бүт дүйнө,
Ай жылдызды саймалаган уздардын.

Кол чаптырган падышаны тургузуп, 
Мыскал сындуу булбул кыздар келишсин.
Бул турмуштун азабына багынбай, 
Зууракандай эмгектенип жеңишсин.

Бийиксиңер Кыргыз Эне кыздары,
Ак элечек, ак шөкүлө кийинген. 
Энелерим Умай сырын бузбады,
Купуялуу ою сымал чийилген.

------------

(*Талмыз кыз — Т. Сыдыкбековдун "Көк асаба" романындагы уламыштык каарман)

9.11.2003

 

КОМУЗ КҮҮСҮ

Тээ көз жеткис көк мейкинден удургуп,
Жерди көздөй келе жаткан куюндай. 
Карт тарыхка эргүү болуп угулуп,
Доорлорду бириктирген уюлдай…

Кандай сырдуу күүлөр менен кезиктим,
Кайруулары кайыптардын нурундай.
Мен алардан бабаларды эшиттим:
«Жолду ула башка нукка бурулбай».

Деген добуш кулагыма угулат,
Шуу-шуу этип көкүрөккө урунат.
Шаңдуу күүлөр дил дүйнөмө дем берип,
Муңдуу күүлөр ажыдаардай буулугат.

Таазим Сага, Кудуреттүү Жараткан!  
Асман күүсүн жүрөктөргө жеткизген.
Мээрим төгүп, комуз берип кыргызга,
Кут толтуруп жибергенсиң чексизден.

19.12.2003

 

ДААРЫГЕР ЫР

Көңүлдөрүм күн жүзүнөн сылагын,
Айдын сүйгүн алкымынан кыялым.
Жылдыздарды коноктогун жүрөгүм,
Кылымдарга обон арна кыягым.

Чексиздикти теше тикте көздөрүм,
Каректерим нурун төксүн барына.
Даарыгер ыр — боорукерлик булагы,
Дарты катуу оорулууну дарыла.

Күжүрмөн күч тирүүлүктө туйлагын,
Алсыздыктар айласы жок кыйрасын.
Моюн сунбай, багынууга жол бербей,
Адам өзүн тирүүлүктө сындасын.

Даарыгер ыр, сенин ар бир сабыңа,
Теңир берди эбегейсиз касиет.
Дептеримден учуп чык да дарыла,
Оорулардын баары сага баш иет.

12.03.2002

 

РУХУМДУН ЭСКЕРҮҮСҮНӨН

Жамынып жалындын чепкенин,
Жалгандан чындыка кеткенмин.
Багынтып бүтүндөй дүйнөнү,
Теңирдин тоосуна жеткенмин.

Кийигин туйлатып мингенмин,
Кийимин нурдантып кийгенмин.
Жер! Күн! – деп жаңыртып ааламды,
Бир гана жеңишти билгенмин.

Ушинтип өрт өмүр сүргөнмүн,
Толкундуу тоолорго түргөнмүн.
Жанарга айланып буркулдап,
Баарысын жалын деп билгенмин.

Күн, Көктөн күч кубат алганмын,
Качырган каманды чалганмын.
Ыр менен асманга атылып,
Ыр менен ааламды жарганмын.

Ушинтип чектерди бузамын,
Эргитем ааламдын кучагын.
Көрүнбөй эч кимге билинбей,
Кайыптай кайдадыр учамын.

27.11.2000

 

КЫРГЫЗ ЫРЫ

Тоодон коркот тоо көрбөгөн адамдар,
А биз тоодо байыртадан турабыз.
Капаланба калың кыргыз жарандар,
Биздин дүйнө бул өмүрдө урагыс.

Байыртадан туу түбүндө бек туруп,
Уңгусу Көк Улуу Сөздөн кеп куруп,
Кантип эле майдаланып кетелик, 
Биз Манастын урпагыбыз деп туруп.

Бабалардын аруу болгон тилеги,
Бабалардын күчтүү болгон билеги.
Салпактаган кулалыны куш кылган,
Бабалардын айкөл болгон жүрөгү.

Биз кыргыздар кыйын күндө биригип,
Жүрөктөрдө улуу дымак тирилип,
Жашап кирсек, кетер эле оо анда,
Куулук-шумдук дал-далынан тилинип.

Тоодон коркот тоо көрбөгөн адамдар,
А биз тоодо байыртадан турабыз.
Капаланба калың кыргыз жарандар,
Биздин дүйнө бул өмүрдө урагыс.

9.09.2002

 

ШАМАЛДАР

Шамалдар эй, шамалдар шашылышкан,
Калдасташып кайдадыр ашыгышкан,
Жамандыкты учуруп алыстарга,
Анан тынчып, өзүнчө басылышкан.

Шамалдар эй, силерге ыраазымын,
Алып кеткен жүрөктүн ызаа-муңун.
Кубанамын өлгөндөр тирилгендей,
Бактысына айланып кусалуунун.

Шамалдар эй, шамалдар шашылышкан,
Калдасташып кайдадыр ашыгышкан,
Жамандыкты учуруп алыстарга,
Анан тынчып, өзүнчө басылышкан.

11.05.01.

 

ЖҮРӨКТҮН ӨКҮМҮ

Көз ирмебей, кирпик какпай таң атсын.
Чоң эргүүлөр чоң кайгыны таратсын.
Жакшы ырлар жарып чыгып жүрөктү, 
Жаш ойлорум жаңы дүйнө жаратсын.

Күтүү кыйын, үмүт күчтүү а бирок,
Мен баары бир түгөнүүдөн башталам.
Жаным тынбай, болуп турам жалын от,
Ой дүйнөмдү жүрөгүмдөн башкарам.

Демек, менде жеңиш күндөр көп болот.
Жаратканга жагат аруу жүргөнүм.
Жаным үрөп, элге кызмат кылбасам,
Мааниси жок менин өмүр сүргөнүм.

28.04.2003

 

КЫЗ

Кыз деген сөздүн өзү кандай сулуу,
Кызыгам маанайына ачык жылуу.
Мынчалык көңүлдөнүп көрбөгөнмүн,
Мезгилге жарыялап ыр тыныгуу:

Кыздарга лириканын гүлүн арнай,
Жаратам сезимдердин гүлдестесин.
Сөз айтам бар демимди кошуп балга,
Татымын ар бир куттуу күндө эстесин.

Кыз деген сөздүн өзү поэзия.
Кыздардын кылыктары көңүл таңы.  
Көздөрү эбегейсиз эргүүм менин,
Күлкүсү кыз-келиндин өмүр жаны.

Кыз деген дал ушундай бийик болот,
Кыздардын намысы үчүн кан төгүлгөн.
Эч кимиң кыз-келинге шек келтирбе,
Заманаң болсо дагы төңкөрүлгөн.

16.02.2004

 

ТААЗИМ

Оо, Жараткан! Жараткан!
Чагылгандуу көк менен,
Кудуреттүү күч менен,
Калың Кыргыз Эл деген,
Күркүрөгөн дем менен, 
Келе жатам кайып сапар ак жолдо,
Карт тарыхта мурда болуп көрбөгөн.
Жалгыз мага энчиленген,
Эркин жолдо телчигем мен,
Күндөй ысык жылдыздары төшөлгөн.

Оо, Жараткан! Жараткан!
Аты улук Айкөл Эрдин,
Касиети сиңген элдин,
Кан Жолдогу салтын сыйлап,
Эр мырзачыл наркын сыйлап,
Дирилдеген дилим менен
Таазим кылам
Жалгыз Сага, 
Оо, Жараткан! Жараткан!

20.10.2004

 

ТҮБӨЛҮКТҮҮ САЛТАНАТ

Көл толкунун тулпар кылып туйлатып,
Минип алып, шамал баатыр шаттанат.
Ай талаага борон ырын ырдатып,
Ала-Тоодон ар тарапка аттанат.

Аттанат да бары-жогун тазалайт,
Ыпыр-сыпыр нерселерди сапырып.
Каптап кеткен кара күчтү жазалайт,
Күрөң Жерге кел-кел заман чакырып.

Булуттарды удургутат чаң салат.
Бул укмушту көргөн жандар таң калат.
Көктү, Жерди туташтырып жол салып,
Баштап кетет түбөлүктүү салтанат.

2.03.2006

 

ДҮЙНӨ КЫЯЛ

Көмүскөдө көп жылдар катылган бир, 
Көөхар өңдүү көңүлүм жашынгандыр.
Же болбосо чыпкалап төгүп алган, 
Жамгыр өңдүү шатырап басылгандыр.

Билем кайра булуттар чогуларын,
Көңүлүмө ошондо жолугамын.
Менден мурун дарактар сезсе керек,
Жамгыр ыры бир далай созулаарын.

14.11.2005

 

АРЫБА ШАМАЛ

Арыба шамал, аттын жалын сапырган,
Асман Тоодон албууттанып агылган.
Сени менен учурашып турган бул,
Сезимдерди жарып өткөн чагылган.

Шамал сага жүрөгүмдү тосоюн,
Доошуң коштоп бөрү ырын созоюн.
Кайда учсаң бир жүрөйүн ала кет,
Ак дилиңе ак дилимди кошоюн.

31.05.2007

 

ТҮН ДОСУМА

Амансыңбы, улуу жана сүрдүү түн.
Өмүр мына сага жетти сүрдүгүп.
Сен экөөбүз ойго батып олтурсак, 
Кыш мезгил да оор үшкүрөт күрсүнүп.

Өттү мына аруу күнүм дагы бир.
Жеке тагдыр жалпы тагдыр баары бир.
Өзүң дайым күбө болуп келесиң,
Оо, улуу түн, табияттын жаны бир.

Биз өтөбүз кубанып да кайгырып,
Бакыт күтүп же бакыттан айрылып,
А сен дайым улуу бойдон каласың,
Асман, Жердин көңүл көөнүн жай кылып.

Түн өзүңчө кереметтүү дүйнөсүң,
Сени кантип жүрөк дилим сүйбөсүн.
Өмүр бою көз жаш төгүп өтсөм да,
Сыр төгүшкөн түпсүз досум бир өзүң.

19.12.2006

 

МУРАС ЫР

Жашадым миң жыл өрттөнүп.
Жашадым жана миң жылды,
Нур менен балкып өткөрүп.
Тагдырым болду миң кырлуу.

Ал эми мына, мен азыр 
Туптунук болуп нур асыл,
Ак барак менен арбашып,
Жазганы турам мурас ыр.

декабрь, 2006

 

МАНАС

Бир чеңгелде мыкчып жашоо чордонун, 
Ой санаты оргуп турган Ордомун.
Күйүп бүткүс түбөлүктүү чок болуп,
Чексиздиктин борборуна орнодум.

Биротоло асман болуп кубулдум,
Мейкиндиктен, жылдыздардан курулдум.
Ээлик кылам Эркиндиктин өзүнө,
Кубатымын ай ааламдык Куюндун.

Бир чеңгелде мыкчып жашоо чордонун, 
Ой санаты оргуп турган Ордомун.
Күйүп бүткүс түбөлүктүү чок болуп,
Чексиздиктин борборуна орнодум.

март, 2003

 

КЕЗ КЕЛДИ

Кырк чоронун баарысын 
Курай турган кез келди.
Бабалардын Кан Жолун  
Улай турган кез келди.

Ай ааламды буй кылып,
Жүрө турган кез келди.
Айкөлдүктүн дооронун 
Сүрө турган кез келди.

март, 2007

 

АК БУЛУТТАР

Эмнегедир капаланып жашыган,
Мен сыладым ак булутту чачынан.
Меникиндей көз карашы анын да,
Экөөбүздүн оюбуз бир башынан.

Ал төгүлсө, ак пейилден төгүлөт.
Ал көрүнсө, бийиктиктен көрүнөт.
Бириккенде каптайт бүтүн асманды,
Бөлүнгөндө дал-далынан бөлүнөт.

Ал буулукса, чагылгандар тирилет,
Жамгырына жарык дүйнө киринет.
Түбөлүкө бүтпөйт анын жортуулу,
Жеңиштерге жетсе дагы миң ирет.

Ак булуттар абалтадан көчмөндөр,
Байыр алып чокуларга конушат.
Калдайышып кайдадыр бир көчкөндө,
Каада сактап салтанаттуу болушат.

2.12.2005

 

ЭР ЖҮРӨК АПРЕЛЬ

Булуттар бүгүн буулуккан,
Шамалды кармап суулуктан,
Аргымак минип алгандай,
Удургуп турат ар кандай.

Мекеним болсо мемиреп,
Кебелбей өмүр кечирет.
Сабырлуу күткөн үмүтү, 
Негедир мынча кечигет.

Жүрөгүм бүгүн дүңгүрөйт,
Көк асман болсо күңгүрөйт.
Эргүүгө толду тоолорум,
Эл журтум неге үргүлөйт.

Мен болсо жүрөм түшүнбөй,
Ой жоруйм, өңүм түшүмдөй.
Жаштыктын жалын күчү деп,
Жашоого кирем күтүлбөй.

Өмүрүм өткүр жиндидей,
Өкүмүн өзү билгидей.
Жылдыздуу жамгыр өңдөнгөн,
Асмандын тонун кийгидей.

Таштадым бүгүн турмушту,
Ээрчигин жүрү тагдырым.
Чогултуп Улуу Кыргызды,
Ыр окуп берсин жаштыгым.

5.04.2006

 

АК ЖҮРӨК

Өлүш керек татыктуу өлүм менен,
Өлүш керек жайдары көңүл менен.
Өрт жүрөктү кор кылып жашаганча,
Өрт майданда кагылыш өзүң менен.

Жетиш үчүн баркына бир өмүрдүн,
Талашып өт таламын жүрөгүңдүн.
Мизи менен мезгилдин сызып учуп,
Миң жашаардын дооранын сүрө билгин.

Көр дүйнөнү көрүнө көмө турган,
Ак караны дааналап бөлө турган,
Ак жүрөктүн көзү бар акылдан курч,
Көрүнбөгөн күчтөрдү көрө турган.

Көз карегиң жан дүйнө элесинен,
Көрбөй калат акырет белесинен.
Көкүрөктүн көзүнө чөп салбагын,
Жүрөк деген Кудайдын денесинен.

24.02.2006

 

* * *

Ойлосом айыл-апа ал абалын,
Тирилип кайра баштан жараламын.
Өмүрдүн өчпөс тунук жылдызындай,
Кут берет сен жөнүндө санааларым.

 

* * *

Асман менен сырдашканды сагындым.
Улуу түндө ыр жазганды сагындым.
Жараткандын эң бир азем эркеси,
Жарыгым ай, Ай жарыгын сагындым.

 

* * *

Жаштык беле же өмүрдө жаз беле,
Жаным-дилим жаркын көңүл жаш беле.
Бул абалдын бар мүнөзүн айтууга,
Ушул менин алтын сөзүм аз беле.

Көп нерсени байкабасмын, көрбөсмүн, 
Мен тагдырдын өкүмүнө көнбөсмүн.
Өмүрүмдүн учу-кыйры көк мелжийт,
Өздөштүргөн өнөр сырын өлбөстүн.

 

* * *

Эң биринчи мен өзүмө керекмин,
Ээндикте эрмек болуп турганга.
Эс тандырып басып калса сенектик,
Көктүн күчүн көкүрөккө бурганга.

 

* * *

Мекен-Жүрөк, Мекен-Сезим, Мекен-Дил,
Жашоо күүсү, жашоо ыры – Эне тил.
Биздин өмүр өлбөстүктөн от алып,
Эне тилде күн көрөөрүн сезе бил.

 

* * *

Элим кайран, эси тунук карт улут,
Кайраттанган добулбасты «карс» уруп.
Кандай кыйын замандарды көрсө да,
Намыс үчүн багынбаган Салты улук.

* * *

Оо, ырларым, мен силерге жашынып,
Жашагым жок өз жүзүмдү жашырып.
Ырлар сенден суранарым бир гана,
Айтсаң айткын мен жөнүндө ачыгын.

Жаздым сени жанып-күйүп, тайманбай, 
Жаздым сени көлкүп-ыйлап армандай.
Жазып бүтүп, коркуп кетер элем мен,
Бул жарыкта жалгызсырап калгандай.

 

* * *

Кечир мени талкаланган максатым,
Ыйык жолдон ташыркадым аксадым.
Ата-Журттун керегине жарабай,
Өзүмдү өзүм туңгуюкка таштадым.

Бүтпө бирок, бүтпө менин ой санаам,
Акыры бир акыйкатка жол салам.
Агын суудай, жаш сулуудай жашоонун
Жүрөгүнө жүрөгүмөн чок салам.

15.11.2005

 

НУРДАНГЫН

Ашып-ташып, батпай рухтун кубаты,
Бүгүн менде эргүүлөрдүн убагы.
Жүрөгүмдөн каалаганын аткарып,
Ыр жазганым жакшы жышаан бу дагы.

Айланам бүт сулуулукка курчалган,
Ойлорум бүт мейкиндикке чуу салган.
Мен мезгилге шартты коюп эң жаңы,
Адамзатты сууруп чыгам кууралдан.

Жүрөгүмдүн каалаганы дал ушул.
Сездим бүгүн доорлордун дабышын.
Баарын камтып кармап турат бул учур,
Көзөмөлдөп замандардын жарышын.

Ыраазмын рахаттуу ирмемге,
Ыр аркылуу акыйкатты билгенге,
Көз ирмемдик эргүү менен серпилип,
Күн Теңирдин жалынына күйгөнгө.

Ыраазымын Жараткандын эркине,
Мени Күндөн нурга айлантып тараткан.
Асыл шоола берип менин энчиме,
«Нурдангын!» – деп, бул дүйнөгө жараткан.

5.03.2004

 

МЕНИН ДОСУМ

Барсыңбы, менин досум, жан жолдошум?
Айтайын сырларымды ый аралаш.
Барсыңбы, кайдан-жайдан келе калчу,
Ыр досум, анык досум чын санаалаш.

Сен айтчы, менин кимге керегим бар?
Дайынсыз ара жолдо калган менмин.
Билемин, Асыл Кыргыз мекеним бар.
Билемин, эң байыркы улуу элмин.

А бирок, түшүндүрчү анык досум,
Бүдөмүк таркап, баары анык болсун.
Булактай тоо боорунан агып чыккан,
Шыңгырап актын үнү ачык болсун.

Угайын, уксун баары актын үнүн,
Баштарын көтөрө албай үңкүйүшүп!
Баатырлар жыргап калсын көрүп жүзүн!
Каапырлар оту өчсүн шүмшүйүшүп!

Сен айтчы, дал ушуну досум ырым.
Ким үчүн кызмат кылат ушул кылым?
Дүйнөнү ак жолуна баштап кетээр
Жазайын жаркыратып Кыргыз ырын!

Жазайын чагыландын оту менен, 
Жалбырттап от мейкини болсун кенен!
Жалгыз мен күйүп бүтүп өлсөм дагы
Эч өчпөс, менин атым Кыргыз деген.

20.02.2004

 

КУТТУУ ЫР

Туптунук мазмун келет,
Ааламдык акыл-эстен аян сымал.
Туптунук мазмун келет,
Ааламдык Улуу Сырдан баян сымал.

Туптунук муун келет,
Жан бийин бийлей турган,
Табият жаны сымал,
Үн-сөзсүз сүйлөй турган.

Нур-Аалам обон салат,
Жан бийин коштоп турган.
Мөл-мөл бир муун келет,
Ааламдык тун бакытка окшоп турган.

Ак өлүм сырын ачат,
Өмүрлөр чексиздиктин көзүн көрүп.
Ааламда калкыйт жандар,
Түйшүктүү адашуулар бүтүп өлүп.

Ушундай чечим болот.
Ушундай зор бүтүмдөр чыгарылат!
Кут жандуу бүт жер жүзү,
Бакыттын жамгырына сугарылат!

27.01.2002

 

АДАШУУ

Адашуу – бул, өзү жол издөө.
Адашсаң өз жолуң негизде.
Чыйралгын турмуштан сынсаң да,
«Мүңкүрөп калды го» дегизбе.

Адашсаң, тагдырга катылгын!
Арманга ок болуп атылгын!
Акылды токтотуп жай алып,
Балкып бир ааламга батынгын.

Адашсаң жол изде Теңирге!
Жүгүнбө! Мөгдөбө! Жеңилбе!
Жүрөгүң нур болсун аяндай.
Муштумуң айлансын темирге!

2.02.2002

 

ДУМАНА

Уулу жерди чарк айланып кыдырып,
Дымак берип, жан-дилдерди даарыган,
Болгум келди касиеттүү Думана,
Бата алып ааламдардын баарынан!

Билбейм анан тундум окшойт бакытка,
Көз ирмемде эргүүлөргө кабылып!
Кучак жайдым он сегиз миң ааламга,
Элестерим доорлордо агылып!

Бара жаттым кыйырларды багынтып,
Жан-Ааламдын жылдыздарын аралап!
Турмуштагы чындыктардан сырт кеттим,
Өрткө кактап өз жашоомду жаралап!..

Аса-Муса нур таягым колумда,
Өлүм сындуу ак чепкеним жонумда,
Аалам кезем мен өзүмчө ак уруп,
Сүкүт чалып аруулуктун жолунда...

Мен ошондо өз менимди унуттум,
Көрсө, чындап аруулукка тунупмун.
Тулпар ойду чаалыктырып калтырдым,
Арасында жашоодогу булуттун.

Андан кийин таптым Нурдун Мекенин!
Мемиредим, билдим балкуу экенин...
Жан кареги элестерден айрылды,
Көк Теңирге чындап жеткен экенмин.

Жандын Ээси, аалам көзү сыяктуу,
Баарын көргөн касиеттүү каректей,
Сырдуу нурга сүңгүп кирип, жоюлдум,
Баары калды желбиреген бариктей.

3.02.2002

 

СҮЙҮНЧҮ

Кубанып күтүп алгыла!
Келе атам күндөн жаркырап!
Сүйүнүп күтүп алгыла!
Сүйүүдөн дилим жаркырак!

Жомоктор жолдон тоскула
Алдыма төшөп ак кийиз!
Бугу-Эне кызын кошкула,
Көч башы болсун ак мүйүз!

Кулундар оюн салгыла!
Куюндар жетпей тан берсин!
Селкилер обон салгыла
Сезимге жүрөк кам көрсүн!

Кыялдар оюу салгыла,
Күн кызы көрүп суктансын!
Дилимдин нурун алгыла!
Сүйүүңөр жыпар жыттансын!

27.07.2001

 

БУРУЛУШ

Тоолор толкуп, көлдөр болсо көк тиреп,
Океандар айды тиктеп акыят.
Шамалдар да, жамгырлар да мелтиреп,
Күзөттөгү аскерлердей какыят.

Ойлор болсо, кашаң аттай кыбырайт.
Таш бакалар тай күлүктөй зымырайт.
Араң жүргөн үлүлдөрдү карасаң,
Булчуң баскан денелери чымырайт.

Чиркейлер да канга тоюп семирип,
Дыңылдашат обон салып сайрандап,
Таракандар калдыктарды кемирип,
Ашканада жыргап жүрөт майрамдап.

Чоң чычкандар көчөлөрдө жүрүшөт,
Чоң мышыктар итке окшоп үрүшөт.
Кумурскалар куржундарын көтөрүп,
Куу турмушта куурап өмүр сүрүшөт.

Суулар неге бизден качат бууланып?
Ал ансайын кээ бирлери кууланып,
Ким бирөөгө уу берем деп жатканда
өз уусуна өзү өлөт ууланып...

Дал ушундай тамашалуу куу турмуш.
Тээ эзелтен болуп келген бул уруш.
Жүрөктөрдө эмоция элирип,
Жакын күндө болот окшойт бурулуш!

9.08.2001.

 

БИЗ БҮРКҮТТӨР

Бийиктейбиз мурутка муз* тоңгуча,
Улуу Көктөн кайтаар мезгил болгуча,
Курч көз менен биз бүркүттөр тиктейбиз,
Тоголок Жер каректерге толгуча!

Ошол көктөн биз армандуу шаңшыйбыз,
Кош аяктуу карышкырлар улуса!
Ырылдашып өз-өзүнчө талашып,
Кайран Жерди кызыл канга жууруса,
Ошол көктөн биз армандуу шаңшыйбыз!

А эгерде,жакшылык нур чачырап,
Периштедей аруу жандар төрөлсө,
Кайгы-муңун сыйрып салып табият,
Жай турмуштун жарыгына бөлөнсө,
Жакшылыктын жарчысындай таңшыйбыз!
Биз бүркүттөр сыймыктанып шаңшыйбыз!

(*Муз мурут – алп, кыраан бүркүт)

3.11.2001

 

КАР СОНУН

Кар сонун!
Кандай сонун аппак карлар!
Кар ойнойт жыргап күлгөн жапжаш балдар.
Аларды көрүп турган карегимде
Эң тунук, эң бир таза максаттар бар.

Кар сонун!
Кандай сонун балалыгым!
Чана тээп ала кеткен тазалыгын.
Мен дагы чана тепким келип турат.
Андыктан аруулуктун жазам ырын.

Кар сонун!
Кандай сонун кар жааганда!
Балалык эске түшөт ыр жааганда.
…Короодо музоо тартып турчу элем,
Апакем шартылдатып уй сааганда.

Кар сонун!
Кандай сонун ошол күндөр!
Кар менен кар болгуча ойночу элек.
Бактардын карын күбүп алакан чаап,
Каткырып шаңдуу ойлор ойлочу элек.

Кар сонун!
Кандай сонун аппак карлар!
Кар ойнойт жыргап күлгөн жапжаш балдар.
Мен дагы кар ойногум келип турат.

2002-жыл

 

ИЛХАМ НУРУ

Түнкү тынчтык уктап жаткан кыштакта,
Ай жылдыздар көктө көндүм кызматта.
Жалгыз гана ойлор жандын шериги,
Ыр жазууга дилгирленгем бул тапта.

Мен макулмун эргүү толгон закымга,
Ээрчип кетип адашууга азыр да.
Жүрөгүмө эң керектүү учурда,
Суранарым булуттарга жашынба.

Дил умтулат мекенине бир бөлөк, 
Илхам нуру сен дилиме бол жөлөк.
Анан мага бийиктиктен белги бер,
Жер боорунда жүргөнүмдө жөрмөлөп.

Кайыптагы тагдырымдан кабар бер,
Кыял жеткис кереметтен ала кел.
Мүмкүн болсо үзгүлтүккө кабылбай,
Илхам нуру сен ар дайым жана бер.

5.12.2006

 

МАЗМУНУ

Улуттук аң сезим
Теңир Кут Ирээти
Эл-Мекен
Нур деми
Башат
Күн Жолу
Улуу Кыргыз
Сыйынуу
Издеп-издеп
Жан сыры
Сен Адам
Жан дүйнөлүк күрөш
Көкүрөк борборунда
Шаабай
Алтын тагдыр
Кыргыздарга
Теңир Куту
Атилланын чакырыгы
Кыргыз ыры
Жөн Адам
Акыбал
Кээ күндөрү
Алкоо ыры
Эл кезеги
Дил сөзү
Кыргыз Эне кыздары
Комуз күүсү
Даарыгер ыр
Рухумдун эскерүүсүнөн
Кыргыз ыры
Шамалдар
Жүрөктүн өкүмү
Кыз
Таазим
Түбөлүктүү салтанат
Дүйнө кыял
Арыба шамал
Түн досума
Асмандагы эркин тагдырдай
Мурас ыр
Манас
Кез келди
Ак булуттар
Эр жүрөк апрель
Ак жүрөк
Нурдангын
Менин досум
Куттуу ыр
Адашуу
Думана
Сүйүнчү
Бурулуш
Биз бүркүттөр
Кар сонун
Илхам нуру

 

© Шейшенбаев Эркинбек, 2009. Бардык укуктар корголгон
© ИМ Мамлекеттик фонду, 2009. Бардык укуктар корголгон

 


Количество просмотров: 7479