Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Закирова Т., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 31-октябры

Тазагуль ЗАКИРОВА

Боз торгойдун ыры

Ырлар жыйнагы

Оштук акын Тазагул Закированын бул ырлары негизинен соңку жылдарда жазган чыгармаларынан такталган. Ошондой эле анын "Боз торгойдун ыры" китебинен алынган бир нече ырлары жайгаштырылды. Автор өз ырларында Ата-журтунун кооздугу, анын бийиктиги жөнүндө сөз кылат. Ушул менен бирге жыйнакта анын махабат лирикасына да кең орун берилген. Урматтуу окурман, жыйнактан орун алган ырлар сиздерге абдан жагат деп үмүт кылабыз.

 

СУЛАЙМАН ТОО

Ош менен касиеттүү Сулайман тоо, 
Элиме кубат берип сыналган тоо.
Шаарымдын чок ортосун нурга бөлөп,
Апамдын саамайындай булайган тоо.

Ош десем элестейсиң Сулайман тоо, 
Эгиздей шаардын көркүн чыгарган тоо.
Сыйынып тилек айткан ар пенденин, 
Тилегин кабыл этип тура алган тоо.

Билгенге Ата Журттун киндигисиң,
Кадырлаш, Ош шаарына кыналган тоо.
Калкыма, мекениме кут жайната
Ошумду сөөлөтүнө сугарган тоо.
 
Ыйык тоо, касиеттүү Сулайман тоо,
Сулуулар Ак-Буураңдан суу алган тоо.
Келишип кылымдарда далай пенде
Зыярат, тилек айтса уга алган тоо.

Сулуу тоо, касиеттүү, берекелүү,
Пастыктан, бийиктиктен чыңалган тоо.
Ынтымак— ырыс чачкан Сулайман тоо.

 

КЫЗ САЙКАЛ

                                    Кален Сыдыковага

Кыз Сайкал болсо болгондур,
өзүңдөй кенен, акылман.
Баарыга тегиз кол сунуп,
Бооруна баарын батырган.

Тик туруп далай мыктынын
Ажатын сенче ачкандыр
Азамат жанды кор кылбай
Жарыгын сенче чачкандыр.

Төрлөтүп түркүн конокту
Түткөндүр ыссык-суугуна.
Көксөмөк эле Кызыр да
Жар бол деп жандай уулуна. 
 
Кыздардын кыйын сырттаны
Бизди да күттүң кебелбей.
Арканды узун таштаган
Асылзат жансын, кеменгер.

Чайды да, пайды көл кылган,
Чалкыган көлдөй пейилде.
Эс алдым, төрлөп жазылдым
Кең дүйнө кымбат өмүрдө.

Сыйга сый, балга сыр аяк,
Кымбатсын дайым мен үчүн.
Кыргызым десе тик турган,
Жаралган жансың эл үчүн.
 
Кыз Сайкал болсо болгондур
Өзүңдөй кенен, акылман.

 

***

Куштары сайрап турат,
Жакшы ой жайнап турат.
Геп билбес азезилдер
Сезимди чайнап турат.
Ырысын кескен шордуу
Жашоосу жайдак турат.
Ыймандуу бешене тер
Казаны кайнап турат.
Макоодон күлүк аксап (наказдан)
Дос-душман жардап турат.  
Март эрдин зоболосу
Маңыроо элге кубат.

 

БАТА

Ичине кара таааруу айланбаган,
Байкушту күйүт каптап күйө берсин.
Күн-түнү эл кызматын аркалаган,
Марттыкты ызат, оомат күтө берсин.

Керемет жаны кылым, наристе, ак
Айкөлгө кучак жеткис бакыт берсин.
Кадимден кара кылды как жарган эл,
Дөөлөтү, мартабасы ашып келсин.

Душмандын көктөбөсүн көк чырпыгы,
Жана да эки жүздүү куйтулардын.
Жүз жылдык, кел кире бер, төргө өткүн,
Ыйман бер, ынсап бергин элге арбын.

Кудайдын куттуу күнү, куттуу жылы,
Келе бер, кыргызым бар, мен да бармын.
Бу жылдар телегейге тегиз болгун,
Пейили таш каап турсун ичи тардын.

Кудайдын куттуу күнү, куттуу жылы,
Жараткан, 
                 Жакшы келсин жаңы кылым!

 

***

Бир кеченин чайында бирге болдук,
Өз-өзүнчө зыңгырап, чилде болдук.
Жолуктурду кудайым насип буйруп,
Же бир шайтан туш кылды билбей койдук.

Туздай экен көздөрүң, туздай экен,
Көз карашын муздак эй, муздай экен.
Боппоз жүзүң оңтойсуз боло түшсөң,
Кызыл жүрөт, тартынчаак кыздай экен.

Дилинде бир ак жарык жагылбады,
Тилиңде бир жылуу сөз табылбады.
Жылдызың бешенеңде өчкөн экен,
Кара булут башыңдан арылбады.

Кудай кошту, же шайтан туш кылдыбы,
Же ооматуу, же оңбос иш кылдыбы.
Көк теңирим көзүңө туз куйдубу,
Көөдөнүңдү ээрибес муз кылдыбы.

Айыбы жок дасторкон жайнаткандын,
Ушул даамды татыдык, насип экен…

 

ТООЛОРУНА КЫРГЫЗДЫН ЖАНЫН БАЙЛАП…

1.

Кыргызымды сагындым, сагындым ай,
Ала-Тоосун асманды кармап турган.
Кечиремин көзүмөн, кечиремин…
Жылдыз жайнайт жылкычы айткан ырдан…

Туягынан даңканы учкан күлүк.
Кыргызыма окшошот,
                                   Кыргызымдай!
Күнгүрөнгөн аскар тоо кырка-тилке
Комуз күүсүн кайталап турабы улам?.

Комуз күүсү кыргыздын жан шериги,
Тоолорумдун жүрөктө кайрыгы бул.
Кыргыз болбой тоо болбойт, 
                                            комуз болбойт.
Тоодо ат минген, ак калпак кыргызда ыр.

Касиеттүү Көк Теңир жараткан бейм,
Тоолоруна кыргыздын жанын байлап,
А кыргызга тоолорун насип кылып,
Күлүк минип, комузун черткен айлап.

Кыргызымды сагындым, сагындым ай,
Ала-Тоосун, ак калпак айкөл элди.
Жүрөгүмө жат болгон бала кезден,
Атам черткен күү мага кубат берди.

Жолборс жүрөк, эр мүнөз эрендер бар,
Касиеттүү тоолору көк тиреген
Мекениме сагынчты көөдөн толо
Көтөрүнүп тоолорду ашып келем.

Кыргызымды сагандым, сагындым ай,
Мекениме
                  сагынчты көөдөн толо-
көтөрүнүп,
                  Тоолорду ашып келем!

2.

Шаңкайган бийик тоолорум,
Койнунда кулун ойногон.
Булактар төмөн жүгүрөт
Күлкүгө жаны тойбогон.

Касиет кашка сууңда бар.
Токойду, гүлдү түрдөнткөн.
Кайберен изин калтырган
Келберсийт өрөөн биз өскөн.

Кулунчак минген балалык,
Козу-улак, 
                Кирген дарыя 
Куштардын хору тоолорду
Жаңыртат,
                угат карыя.

Киндик кан тамган тоо боору
Байланган мага,
                мен ага.
Мен баян эткен бул сүрөт
Тоолуксуң,
                тааныш сага да!?

Күлкүгө мооку канбаган
Булактар төмөн жүгүрөт.

 

ЭКЕН

1.

Эмен багы саргайган караң калгыр.
Ак кайың да жалындай жалбыраган.
Чынардын да чынары араңдан бир
Алоолонуп асманга жалындаган.

Кайран жашыл бариктен өң алет жок,
Бүткөн экен,өрттөнүп бүткөн экен!
Күйүтүнө чыдабай армандуу, шок
Сабагынан бек кармап түткөн экен.

Эстеликтер эпейип ар кай жерде,
Чыйрыккандан чыңырып турган экен.
А канаттуу жол тартып жылуу жерге,
Чынар учпай бул кыштын курманы экен…

Мен издеген издердин изи сууган,
Экөөбүздүн орун бош турган экен…
Бул жашоонун 
                       биликтей ыйык жаны
Сакталганы биз уккан ырдан экен.
 
Сакталганы биз уккан ырдан экен. 
   
2.

Баягы башка чычкан куштарың жок.
Мен бүгүн кыял минип учканым жок.
Кырк жылдык кыя ашкан махабатым.
Жадырап жолум тосуп чыкканың жок.

Эрбеңдеп кыз ээрчиткен келин өттү
Көчөттөр көк тиреген бак болуптур…
Бүт баарын жомок сезген кезим өттү,
Жаш курак бубак чачтуу,
                                      токтонуптур.
 
Артымда алыс жолдор
                                    жарык, узун
Алдымда бийик ашуу өзүң билген. 
Жанымды жай алдырбай түйшүк түмөн
Достордон кубат алам - 
                                     Жолдон,
                                                  Күндөн.

Эскерүү эрмек эски орундукта –
Олтурам, сары жалын эмен багы.
Кеч күздүн өкүмү ай чебер, уста ?!
………………………………………

Мен бүгүн кыял минип учканым жок…

 

КҮЗ — ДАНДЫР

Күзгү шамал ызгаары,
Коюн-кончту аралайт
Күндүн табы анчалык
Жылытууга жарабайт.

Жалбырактын өңүндөң
Чийкил сары ой келет.
Бекем кармап баригин
Карт дарактар термелет.
 
Үзүк— үзүк тондору.
Жаап жатат сапсары.
Жаштык менен коштошкон 
Алардын көз жаштары.

Күйүп үймөк күл болуп.
Түтүн каптайт көчөнү.
Жашыл тулаң  — жок азыр.
Алтын күздүн кезеги.

Өтөт мезгил шамалдай,
Кыш, жаз, жайдан,
                             күз мына!
Бүт тирүүлүк жетилди,
Толуп өмүр кызыгына.
 
Келберсийт кең талаалар.
Дүйүм жемиш, бышып ДАН.
Элестейт күз дандырдай
Кызыл чоктуу. Кызыл НАН,
Апам бизге бышырган! ..

Элестейт күз дандырдай
Кызыл чоктуу, кызыл Нан,
Апам бизге бышырган!..

 

МЕКЕНИМДИН ЭШИГИ

Мен сага кусалыкка толуп келип,
Мен сенден кубанычка толуп кетем.
Сузагым бөтөн жерде демөөрүмсүң.
Ойлосом бир бактылуу болуп кетем.

Өзүңдө көзгө сүртүчүү топурагың,
Көк-Арттын суусу мүрөк, касиеттүү.
Жылаң бут жүргөн жолдор, токойлоруң,
Берди шык жана эргүү касиетти.

Сузагым, Жалал-Абад жакшына жер,
Жашаган топуктуу эл, акылман эл.
Мээринен нур төгүлүп. береке бар
Абалар, нарк-насилдүү кут энелер.

Эшиги тууган жердин биздин короо,
Арзыбай, Закир түптөп дүркүрөгөн…
Сузагым, Жалалабад ага— инидей,
Экөөңдү бирдей эңсеп, бирдей көрөм.

Бириңди айтсам элге, бириң калып,
Бириңсиз толуп болбойт биздин тарых.
Айтышат Жалалабадтык, Сузактык деп,
Кырк жылдык кызматымды бөтөн танып!..

Ыйыксың, ата-энемдей алпештейсиң,
Бутуңду чөңөр тилсе сыздайм, күйөм.
Дүйнөдө теңдеши жок Ата Журтум,
Мен сага эне сындуу миң үйрүлөм.

Мен үчүн жаргылчактын туткасындай,
Киндиги кең Мекендин биздин короо.
Дүйнөдө теңдеши жок Ата Журтум,
Мен сага Эне сындуу миң үйрүлөм!!!

 

ЖОЛ ӨМҮРДҮ УЛАЙ БЕРЕТ

Калдыркандай канаты тыбыраган,
Чоң ааламда бир пенде кыбыраган.
Казанбактай көтөргөн аалам жүгүн,
Кылча эмгеги бир четин оют араң.

Күжүлдөгөн ар жанда тоодой түйшүк,
Томкоргонго көбүнүн алы жетпейт.
Сезимтал жан сабырсыз ойдон чүнчүп,
Сезимсизди түркөй ой мээсин тепсейт…

Жалдыраган сан иштин катып башы,
Жашоо улам айланат кара сөзгө.
Май кабактын күнү тууп оңду — солдон,
Сабап келет турмушту башка – көзгө.

Үстөмчүлдүн ити да үймөк чөп жеп,
Жан кечтилер жаланып турган кези.
Жоош – момунду боору таш заман тепсеп,
Ыймансызды чоң арбак урган кези.

Антсе дагы жаз келет, келет көктөм,
Таңдар атат алтын нур чачыраган.
Касиеттүү адамдар калк деп өскөн,
Ак пейилин жайнатат бапыраган.

А кербендер сапарга узай берет,
Алыстардан жаңысы улам келет.
Кадимдерден топтуктуу пендесине,
Ырыскыны пейлиндей кудай берет.
Жол өмүрдү ээрчитип, улай берет..

 

ЖАРАНДАР

Түшүнүп кадыр-баркты,
Жаныңды сыйлай турган,
Башыңда багың тайса
Барктачуу, кыйбай турган
Сезимиң сыздаганда,
Сырдашып ыйлай турган
Бу күндө адамдар аз.

Сыйбаган көөдөнүңө,
Жалдырап ойлор жалгыз.
Жашоодо чарк айланган,
Дүйнөнү кезип ар күз.
Күлүктөй мамыдагы
Өзүңө бек байланган,
тагдырда аман барбыз.

Сапардан кайтсаң бир кез,
Жол тосуп чыгаарың бар.
Тилеген аман бол деп,
Күткөнгө чыдаарың бар.
Күңгүрөп ырдаганда
Кансе да угаарың бар
Болсо деп тилейт пенде!!!

Эзелки жер бүткөндөн
Тагдырда тардык кылган,
Бир көзүң бир көзүңө.
Бейбапаа аялың да,
Бейбапаа алган жарың…
Бузулат бир кезинде,
Пейили адам жандын…

Замандын айыбы жок,
Боору таш болсо адам.
Тепсесе кумурсканы,
Сындырса гүлдөрүңдү.
Таанылбай кетсе бир күн,
Кыялы сүйгөнүңдүн
Ооба, бул абдан жаман.

Атадан алтоо болсо
Тагдырда баары жалгыз.
Жалгыздык азабынан,
Үлүлдөй уясында 
сыры калып, 
                    караңгалгыр!
Сыртына кепкап кийген 
Чүнчүгөн жарандарбыз. 
Сыртынан кепкап кийген
Крсейген адамдарбыз.

 

КЫРГЫЗДЫН КЫМБАТ КЫЗЫ

                                   Кыргыз Республикасынын эл артисти,
                                   Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын
                                   лауреаты, Казак Республикасынын эмгек 
                                   сиңирген артисти САЛАМАТ САДЫКОВАга

Кыргыздын кымбат кызы Саламатсың,
Бүт жаның кыргыз деген ырдан бүткөн.
Желге учкан саамай,
                                 жылдыз маанайың да,
Кылымдар күү жаңырткан кылдан бүткөн.

Кыргыздын касиеттүү ырдай кызы,
Мен сага ырдан сарпай алып келем.
Тепкедей кынтыгы жок сырдуу жүзүң,
Сен бизге жарыгыңды жагып келдиң.

Бул күндөр чогуу болду периштелер,
Көкөлөп доорду сүрдү аманат жан.
Кулактан жүрөктү ээлеп сайраган жан,
Бек болсун алтын башың Саламатхан.

Комуздай кынтыгы жок ырдын жаны,
Бага бер арген үндү жан жыргаткан.
Ойгонсун таш сезимдер, 
                                      жер, суу, дүйнө,
манкурт да, көңдөй башын каңгыраткан.

Суктанган мырзалары күүгө ээрип,
Чыбыктай тулкуң чулу ырдан бүткөн.
Обонсуң миң тамырды солкулдатчу
Комузга тартылган кыл — жан эргиткен.

Өзүңдү теңеген көп Айга, Күнгө,
Мактоонун, атактын да чеги болбойт.
Теңирим колдой берсин гүл өмүрдө,
Жолуңа Кызыр ата болсун жолдош.

Сүйүүдөй чексиз экен бакытың да,
Кыргыздын кымбат кызы – Салматсың!
Бүт жаның кыргыз деген ырдан бүткөн,
Айкөлсүң, көп жигиттен –Азаматсың!

07.07.07-жыл, Ош ш.

 

***

Сыдырым желге термелип туруп бул жаным
Сүйүүгө балкып, максатка көөдөн толду эле.
Зымырык куштай күн беттеп учкан өмүрдө,
Махабат жолдош, махабат кубат болду эле.

Таттуусун татып, ачууга сабыр эткенмин,
Жай чилде ысып, жарыкты чачып шамалдай.
Кыш чилде тоңуп, айланып музга кетпедим,
Кырсыгып калган жаштыкты андан таба албай.

Күнөстөп күнгө, көңүлдүн кемин толтурам,
Кыялды минип, мекендейм тоонун чокусун,
Сан жылдыз күйөт,
                            сагынчты багып олтурам,
Чагылса көздөр дилдеги сырды окусун.

Көөдөнүм күүнүн кайталап муңдуу кайрыгын,
Ырбатып кайра дартымды туурайт наарындай.
Каттардай тытып - 
                            таарынчты улам айрыдым,
Ал мезгил кетти турнадай артка кайрылбай.

Таттуусун татып, ачууга сабыр эткенмин,
Жай чилде ысып, 
                           Жарыкты чачып шамалдай!

 

ОЙЛОРДУ ДАЛАЙ ЧЫЙРАТЫП КАЙРА ЖАНДЫРДЫМ…

Күнү да түнү кубарып жүзүм кусадан,
Көл бойлойм, чиркин өткөндү кайрып ала албай.
Мен эле эмес көл, кайык, кумдар кусадар
Жылдыздай жанган жаштыктын изин таба албай.

Шарпылдайт толкун жээк чапчып улам арманды
Түрсүлү жандын, жүрөктүн күүсү калганбы.
Күнгүрөп муңдуу күү коштойт ичте сыздаган,
Экөөбүз келбей өксүгөн жээктер армандуу.

Чардак да жалгыз жазмышы бекен тагдырдын,
«Чыйрыттап» учат бир чабак таппай жаныбар.
Ойлорду далай чыйратып кайра жандырдым,
Ойлосоң чыны гүлдүн да элге зары бар…

Чачылган ойлор чачымдай шамал тараган,
Туш-тушка учат тушугуп түрдүү кыялга
Бу закым мезгил зар какшаганга карабай  
Таскактап учкан буудандын башып бурам да

Караймын артка, көл баккан биздин күндөргө
Кайыкта бакыт, кайыкта өмүр сымбаттуу.
Жан жыргап толкун терметкен бизди бул жерде
Кусалык деген жараатты чексиз ырбатты.

Сагындым деймин, сабылдым деймин аргасыз,
Сыздаган жаным кусанын кийген чапанын.
Жыл өткөн сайын эскерүү менен кармашып,
Толкунун угуп, кучактап кумун жатамын.

Мен эле эмес көл, кайык, кумдар кусадар,
Жылдыздай жанган жаштыктын изин таба албай…
Чачылган ойлор чачымдай шамал тараган,
Туш-тушка учат тушугуп түрдүү кыялга.

Ойлорду далай чыйратып кайра жандырдым…

 

ЭНЕНИН БАКТЫСЫ

Терметип узун түндөр
Баланы бөпөлөгөн.
Басканы, сүйлөгөнү-
балкытып, жетелеген

Кайрыма:

Энекем, ак маңдайым,
Мен үчүн аткан таңым,
Бакытым бут алдыңда,
Батаңдан өстүм, 
                          бармын.

Түн уйкуң, күндүз тынчың
Кетсе да миң жалбарган,
Уул-кызың очор-бачар,
Өмүр – гүл кармалбаган..

Катарлаш уул-кыздарың.
Уул-кызын өстүргөн кез.
Энекем төрдүн көркү,
Тилеймин улгайбаңыз.

Энеке узак жаша,
Буйрусун сый-урмат, төр.
Эр жетип биз кызматта
Жашоонун жыргалын көр.

Бала аман, эли аман,
Эненин бактысы зор.
жанында эрмек болгон
бал тилдүү неберелер.

 

ТӨРҮНДҮ ТӨРЛӨЙТ ИЙИНДИ ТЕРЕҢ КАЗГАНДАР…

Жүрөктү таарып жаныңды жаман кыйнаган,
Жалтанчаак, алсыз, арабөк жүргөн бир балаң-
Ата Журт,
              сага бапаасыз болду, элге да,
Эненин дарты, энеге азап, кыйбаган…

Энеге азап, кечирет эне үмүттүү,
Дагы эле уулун кирет деп бир күн эсине.
Кашайгыр эч бир түшүнбөй тепсейт үмүттү.
Бу закым мезгил кечире албайт, кечире…

Бу закым мезгил сөөмөйүн кезеп токтобой
Айланат жерди,
                      Ата Журтту ээлейт меймандар…
Бир сөөмдөн улам берилейт, 
                      суурдай чокчогой
Төрүңдү төрлөп ийинди терең казгандар…

Төрүңдү төрлөп жылмалап жылуу сөз менен
Жыландай сойлоп жер-сууңду, ташты аңдыган -
конокту кайра ордуна кое билбеген
Жалтанчаак уулдар,
                             мекенчил болбой, арданам.

 

***

Кыргыз, казак, өзбегим,
Суктандырган өзгөнү.
Кыргыз ата уулубуз,
Куттуу жерди жердеген.

Достон мурун тууганбыз,
Бир атадан тараган.
Кыргызстанды гүлдөтүп,
Өстүргөнгө жараган.

Эки тамчы суудай окшош,
Окшош соккон жүрөгү.
Казак-кыргыз эгиздердей,
Кыргызыстан түнөгү.

Кыргыз, өзбек, казагым,
Орус, түркмөн, испан да.
Бийлеп обон салабыз,
Заманам тынч жатканда.

 

КӨТӨРҮЛҮШКӨ ЧЫККАНДАРДЫН ЫРЫ

Тобокел деп, башты сайдык эл үчүн.
Үч ой коштоп: жеңиш, өлүм же түрмө…
Ачка чарчап, жалаа, таяк уусуна
Түтүп койдук ушул күнгө жетүүгө.

Темирдей эрк, көтөрүлгөн жаш – кары
Селдей агып, толкуп турду деңиздей.
Оңдойбуз деп оңбой калган турмушту,
Козгойбуз деп, президентти суу жүрөк.

Белин бекем таңа берип, жокчулук,
«Кейдейликти жойгонуна» чыдадык.
Жеңди чыдам, качты пааша бет келбей
Элдин канын соргон бийлик кулады.

Эр жигиттер жүрөгүндө жалы бар,
Эне-аталар, аял дебей, кыз дебей
жанын тиштеп чыкты ачык күрөшкө,
Кадимдердей эрдик кылды баатыр эл.

Тобокел деп, башты сайып эл үчүн
Чыккан элек, 
                        Куш кел, 
                                        Куттуу Жеңиш күн!
Кыргызымдын келечеги кең болсун!
Эл бийлиги элге иштесин жемиштүү.
                        Кош кел,
                                        Куттуу Жеңиш күн!

 

ЖҮРӨГҮНДӨ ЖАЛЫ БАР ЖЕРДЕШТЕРИМ!

Жүрөгүндө жалы бар жердештерим,
Дүйнө жүзүн караткан Жалалабаттык.
Кысым кылган куу чирен бийликчини
Жетпесек да күн сайын каргап жаттык.
Жойпуланган эки бет, жүзү жокту,
Жийиркеничтүү алыстан жардап аттык.

Бар болгула баатырлар, азаматтар!
Баш – көзүңдү жарса да жалтанбаган.
Бар болгула, байбиче, аксакалдар
Ур-токмокко алса да тайсалдабас.
Курчтугуңар болоттой, Мекен үчүн
Ок атса да мизиңди кайтарбаган.

Өрт жигиттер дүйнөнү бийлей турган,
Топту жарып чыктыңар кылчактабай.
Угутуңар мекенди каптап өрттөй
Чыга качты саткынчы, ырсактаган.
Көрсөттүңөр санатты бу кылымда,
Сыймык менен сыйынаар урпактарың!

Мына ушундай эрдикти баштан кечкен,
Улуу-кичүү тарыхты жасап койгон.
Марттын иши, майда жан түшүнбөгөн!
Төшү түктүү колдосун Ата Мекен,
Өрүшүңдө күтүрөп малың өссүн,
Өрөөнүңдө кызылдай даның өссүн,
Бийлигиңер түшпөсүн, элим колдон.

Көшөгөнүн артында ыңгай күткөн
Кара беттер кирбесин араңарга.
Жоо аяган жаралуу, баатырларым,
Туз куйбасын оо кийин жараңарга.
Баласынын боорун жеп карганышат,
Керек болсо чабылат садагаңа.

Алты беттүү ошондой азезилден,
Бу жараткан Көк Теңир коргой жүрсүн.
Ар бир ишин элимдин колго алганда,
Азирети Аюп пир колдой жүрсүн.
Жеңишиңер кут маарек, каректерим!
Эки тизгин, бир чылбыр буюрусун.

Жүрөгүндө жалы бар мекендештер,
Баатыр баккан аталар, эне, келин.
Эрендерим акылгөй, касиеттүү
Эл тиреги, менин да жөлөнгөнүм!
Башыңардан кутуңар түшпөй жүрсүн,
Алысты аңдаар бийигим, 
                                      Тереңдерим!

24-март 2005-жыл Ош ш.

 

***

Бир күн бүтүн, бир күн жарты ыр жазып,
Күмүш өмүр күлүк минип кырды ашып,
Теңиримдин ыроологон бактысы,
Кызым менен олтурабыз сырдашып.

Жан жыргатып, бала жыты балкыган,
Кыял кезет чоң ааламды чалкыган.
Калкым аман кара кылды как жарган,
Кагылайын кыз сыйлаган салтыңан.

Кызым тирек, көкөлөткөн канатым,
Жакын кылган асман-жердин арасын.
Телегейим тегиз, бүтүн теменем,
Бактым чалкып, жыттайм Айдай баласын.

Кээде көңүл кирдеп келет, турмуш деп,
Этегиңе чаң жуккандай капилет.
Ыр жаздырып, ырыскыңды толуктайт,
Кудай берген балада чоң касиет.

 

***

                            «…Кудайдын көзү түз болсун»
                                                                          Эл сөзү

Үйүңдү жаркыраткан,
Көңүлдү барпыраткан
Кичине бала үнү — -
Кыйырсыз бакыт өңү
Чалкыган ачык асман.

Жүрөктү элжиреткен,
Кенедей колдорун айт.
Кужурап сүйлөгөндө
Адамды таң калтырган
Келки чоң ойлорун айт.

Кичикей – чоң ааламда,
Кичине – чоң адамга
Аткартып буйруктарын,
Бийлигин шар жүргүзгөн,
Бакыт – Кут бу балаңда.

Кучагың жеткендейсиң,
Керилип асман, айга.
Балаңдын балапаны
Корооңдо ойноп турса
Толкуйсуң болуп дайра.

Теңирге жалынасың,
Пендеңе күн түшүрбөй
Ырыскы насип эткен,
Өзүмө түз караган
Көзүңө шүгүр алла!
Өзүңө шүгүр алла!

 

***

Бир чардадың ыр ырдап,
Бийлеп, шапар тебилди.
Сырдана дос дегендер
Чалынганда жөлөбөй 
Алды ич күйдү кегин бир.

Оомат келсе көз тигип,
Сурап турчуу алымды,
Кандырды бир табасын
Тарткан жибин байкабай
Кокус бутум чалынды.

Котур ташы койнунда,
Кытмыр күлүп сүйүнгөн,
Кара чаар жүзүнөн 
Заар төгүлүп туруптур,
Аны көрүп түңүлдүм.

Төрдү далай төрлөгөн,
Ылай бутун аарчыбай
Ала келчүү балдарын…
Ошондо бир түшүндүм,
Атаандашкан ич тардык
Жан кыйнаган арманын.

Көрөалбастык отунда
Күйгөн экен кайраным.

 

ОЙЛОР ТҮЙДӨК

Ийилип түркүн ойдун салмагынан,
Чалынып, тура албадым жер таяна…
Жарылган тизелерди кармап улам,
Издедим жандоочторду айланаман.

Бир чоочун чуркап келип жөлөй берди,
Күбүдү чаң жабышкан кийимимди.
Жарыгым тийген арсыз эрендерди
Түшүнбөй ыза басты ийинимди…

Кечипмин далай ирет тынчтыгымды,
Кечипмин ыр жазгандан алар үчүн.
Берипмин жүрөгүмдү эч калдыксыз,
Жан үрөп дос – жолдошко түтүү үчүн.

Достор көп… чаалыкканда суусун сунар,..
Ойлопмун, ... бапырапмын далай мезгил.
Бу өмүр өтө электе алтын баштан,
Бүт баарын анык билип турган кез бул.

Түтүпмүн далай ирет бейбапаага,
Боор тартып ачык айтып, ачык сүйлөп
Артылып өзүмө муш, калыстык жок
Аларга тепкич болуп, көңүл кирдеп 
Келатам, бубак баскан саамайымдай
Ойлорум чырмалышкан, 
                                      ойлор түйдөк!..

 

***

Күз келиптир, жер жайнатып баригин,
Мезгил учуп, кыш мезгилдин кадигин
Айтып турат ызгаар чымчып бетиңди.
Кумурскалар жыйган кыштык азыгын…

Жандуу баары камылгасын көргөн кез,
Жашоо деген тыным билбес тирилик.
Кам сүт эмген пендең кечип тынчынан
Кээ бирөөгө кызмат кылат бүгүлүп…

Бешенеге буйруганын кечип көп,
Кээде ыйлап, кээде эргип ыр жазып.
Бул тирликтин ыссык –суугун көтөрөт
Сумсайган жүз, кээде албырып, нурданып.

Тагдыр минтип, алп урушуп алп өмүр,
Кээде алпештеп, кээде турса сурданып,
Далай жеңип, ит жыгылыш, жеңилип,
Оомат алчы, же ойт берет кырданып.

Керт баш эмес, кең ааламга өрүлүп,
Чабдар атты өргө карай теминип.
Адамзатың жашайт экен чиркин ай,
Жан чыдагыс чыкыроонго көнүгүп.

Бүлбүлдөгөн үмүт оту алыстап,
Жол арбыбай кадамыңды карыштап,
жер бетине тырмагыңды батырып,
сойлойсуң ов, жакшы элестеп алыс жак.

Өргө тартат үмүтү бар кудайдан,
Паска тебет жанын жеген жан кечти.
Бүтүн баарын көрүп турат Көк Теңир,
Сооп, күнөөңдү жазып келет эсепчи.
Же ыйманы, ынсабы жок наашүкүр
Тунгуюктан отко түшөөр келет күн.

Паска тебет жанын жеген жан кечти..,
Өргө тартат үмүтү бар кудайдан…

 

МУЗ ҮСТҮНДӨ БИЙЛЕП ТУРГАН УБАГЫМ…

Мен өзүмдү элестетем, 
муз тепкен кыз сыяктанып,
Чимирилген аренада конькичен...

Канатында көзгө илешпес мезгилдин
Каниэт деп бир айланган тынымга
Аркы-терки чийип муздун көк бетин, 
Закымды кууп учуп барам чынында!
Көрүүчүлөр карап турат жарданып,
Көк Теңирим колдойт жеңип чыгууга!
Санаалаштын алкыш кебин угууга
Дилгирлене күтүп турат кулагым.
Муз арена – чебер бийлеп турамын!
Алкыш сага, жараткан, 
Шыктантырган, сактап турган Кудайым!
Бут тоскондон чарчабадың бир өмүр,
Атаандашым, жеңилгенге чыдагын!
Ич заарыңды жута берип ууланып,
Мени ан сайын көкөлөтүп, куурадың.

2.

…Тайгалантып көздүн жоосун.
Муз үстүндө бийлеген кыз
Тыным билбей чимирилет.
Миллион көз күзөтүүдө,
миллион сөз учкан куштай
тыным билбей бийик, пас
сөздөр учуп жебиреген
сөздөр учуп сын таккан…
жерге урулуп, көккө чыгат.
Көз алдында адамзаттын
Чымын жанын тиштеп бекем,
Бүт дүйнөнүн алаканы муз болуп
Кээде тайып, кээде чебер чимирилип
Бийлеш керек токтобой.
Ал милдеттүү ишеничти актоого
Тайгаланбай, ак куудай наз,
Периштедей наристе,
                                   кайберендей
койкоюп бийлеш керек.
Чымын жаны муз үстүндө чыркырап, 
ирмем өмүр шамдай күйгөн кылымда
бийлеген кыз. 
Эне тилейт— жыгылба,
жан кудайлап жалбарган эне гана
көкүрөгү зырылдап, кызы менен
аренада кошо айланат бир жаны.
Миллион көз күзөтүүдө,
                                   миллиард сөз 
                                                     кулагына угулбайт.
Жалбарганы сактап жаман көздөрдөн
Кыз бийлөөдө!
                         жеңиш керек чынында!

 

***

Айтасың «кийбедим — деп, кымбат көйнөк,
алганым сүйүп кетти башка жанды».
Айтасың «картошка, май түгөндү -деп,
түгөнбөс алмустактан дүйнө барбы?»

Кийбесең кымбат көйнөк кеп эместир,
Базарда тамак— аш көп болсо пулуң.
Көңүлдүн жардылыгы сүйүү жукпас
дабаасы табылбады далай кылым.

Эңсеген, тамшандырган өмүр-маани
жетпесе аңкап, жетсе кадыр-барксыз.
Көрүнүп улам бөлөк көзгө жылуу
көпөлөк кыял күткөн мүнөз — пастык.

Башканын колун кармап арзыганың,
боздотуп салган экен убайымга.
Белди бууп алга карай умтула бер,
Ага да тарткылык бар убагында.

Теңирим тегиз иргеп, тегиз көргөн,
ордуна коюп турат таразалап...
Эсирме пендебиз да кам сүт эмген,
Ооматты көтөрө албас, карашалап.

Өткөнгө салават деп , алдыга бас,
эртең да жашоо болот насибинче…

 

***

Сен бүгүн корстон болуп өзүңчө эле,
Жүрөсүң бата алдым деп баланчадан.
Бай, бийдин, оокаттуунун кызматында
урматтайт чачканыңды баланча жан…

Бата алып, кызмат өтөө өтө сооп иш,
Сен жалаң «соопко» иштеген сыпайы кеч…
Акчаңды чачканыңа корстон болбо
Сооп тийчүү бир сагыр бар курсагы ач…

Акындын калеми бар баш ийген бир
башкага бийлик кылбас кудай-калем.
Шапар тээп күнүмдүккө жан сабаган,
Байкушту улам аяп жашап келем…

Бетиңе ачык айтып ойлогонун,
Бөйпөңдөп үмүт кылбайт бийлигиңен.
Акчаңды чачканыңа мактанасың,
А акын ыйлап жазды түнү менен…
Боору таш, уулду энесин эстебеген
Ал алсыз мээрим күткөн оору эле.

Анын да таш боор улуу сен сыяктуу
Акчасын байга-бийге сыйга чачып,
«аябай сыйлап койдум, паланды» — деп
Көрүнүп өзүнчө эле колу ачык…
Энесин эстеп койбой айда-жылда
Жүргөндүр байыш үчүн жанын сатып…

Нарк-насил өксүк болуп бүгүн кейип,
Көңүлдүн кемип турган мезгили бул.
Азезил акча — бийлик, бийлик — акча
Адамың байлыкка кул, бийликке кул.
дүнүө жыямын деп жанын сабап,
Эл камын эрендериң унутуптур…

Бата алдым согум союп, шарап чачып,
Дешет го, көңүл ачка, ынсап ачка…
Ач көздүк, бапаасыздык бийлеп эми,
Напсиси толбос жерди, сууну чачса.

 

***

Өзү да ширин, уйкусу таттуу эрке кыз,
Элжиреп карайм тынчтыгын сактап бөлмөнүн.
Олтурам чиркин бакытка балкып өзгөчө,
Наристе, жумшак неберем ырыс – эрмегим.

Түшүндө дагы үй толо багып балдарын,
жүрөбү улам кучактайт жумшак оюнун.
Карачы тиги мамалак деле өзүндөй
Толтуруп турат баламдын чексиз коюнун.

Көөдөнү кенен, барпаңдан көңүл баккан кыз,
Бөлмөнү толо ырыска бөлөп жаткан кыз.
Теңирге улам келтирип шүгүр, жалбарткан
Тайнеңди жанын жыргатып жарык чачкан кыз.

Аман бол балам, элиң бар болсун, сен болгун,
Апакең менен калк арасында кем болбо.
Бешенең жайнап акжолтой, ырыскелдисиң,
Кубатымсыңар, таалайдын аты сен болдуң.

 

КЫРГЫЗЫМ

1.

Кылымдардын кыйырында кыргызым,
Канча доорду сүргөн экен бактылуу.
Канча доорду кан кармашта өткөрүп,
Кайран эрлер тарткан экен тарткылык.

Күл болуптур боз үйлөрү жалындап,
Адам тыйпыл, казан калбай катуудан
чыркыраган чымын жаны, кан дайра,
асман түтпөй нөшөрлөп жаан басылган.

Кайберендей аскар-зоону мекендеп,
Каткан экен калкка уютку уулдарын…
Кайран комуз коңур үнгө кошулуп,
Канча угузду түндүк түшүп турганын…

Канча ата башын сайып кыргыз деп,
Канча эне көрбөгөндү көрүптүр.
Куур тон кийип кул болсо да бөтөнгө,
Урпактары жетилгенче көнүптүр…

Караңгынын нур бөлөгөн таңындай,
Жакшылыкты жасап күчтүү кол менен
Бекем тартып кайыш курун, чыйралып
Баралына келе берген дембе дем.

Улуу кыргыз, баатыр кыргыз байыркы
Касиеттүү мекенимди жердеген —
кара өзгөйдү кууп чыгып калтырбай,
ырга-күүгө жерди-сууну термеген.

Ыры менен эли берген дем менен
Толуп-ташып өскөн экен кең мекен.

2. Кебек

Баатыр кыргыз ат жалында ойногон,
Эңиш – күрөш эр оюнга тойбогон,
Калк кызматын аркалаган кадимден,
Кырда туруп келечекти болжогон.

Жүз жылдарды бир барактап карсаң,
Кээде түшкөн алтын башка каран түн.
Ак паашанын аскери да талаптыр
дөбө-дөбө атып кыргыз баласын.

«Жан сооганын» жарты сөзүн укпаган,
тукум курут кыла жаздап кашайгыр
кайран элди кан жөткүртүп кыстаган
Ала-тоосун таштай качты качандыр…

Кар заманды эстөө жүрөк сары зил,
Адам сөөгү тоодо тоодой окко учкан.
Сансыз пенде аскар зоодон кулады
Көмүү кайдан, бөрү, жору чокушкан.

Ачкачылык алсыраткан катаал жол
Алсыздары итке-кушка жем болуп
Кайран элим өлдүм— талдым дегенде
Ак Турпанга жеткен жердей жер болуп.

Аш-талканга бала сатып, жан сатып,
Өлүү эне, бала соруп эмчегин…
Баскынчылар бейбак элди какшатып,
Кебек сындуу күттү келчүү эртеңин.

Чексе кебек канча жанды тирилтип,
Канча жандын калды сактап сообуна
дүйнөдөгү көздөн учкан көк жээктей
тирүүлүктүн символу эле болду да.

Боору ачыса боору ачыды бир кудай,
Зар какшаган үнгө асман толду да…

 

***

«Ак шөкүлө» тоо тарап
ак булутту жамынган
кайрылбасын өткөн күн
биле жүрүп сагынам.

Ыр жаңырып суу аккан
күргүштөгөн Арашан.
Сейил куруп эс алчу
күн тез өттү карасам.

Аппак тоолор сүкүттүү
Өзөн өжөр таш агат.
Аткан октой мезгилди 
Кай күч артка кайтарат.

«Ак шөкүлө» шаңкайып
тереземде турса да
Арашан суу токтобойт
Арыктарга бурса да.

Жакшынакай тилектер
Ооздон учкан куштардай
Айтылган соң кетишти
Кочушума уучталбай.

Кайрылбас ов күндөр да
Кайрылбастай аткан ок.
Кайрылбас ов кантейин
Ооздон учкан жакшы геп –

Чыгышты да чымчыктай
Таркап учуп кетишти.
А эртеңдер каз катар
келет, ачтым эшикти.

Сөздөр болот жапжаңы
күндөр келет башкача.
бүгүнкүдөн эртең Таң
болсун аппак таптаза.

 

КҮТҮҮ

Шуудураган теректер
Шыбыраган жалбырак
күтөт сени келет деп
карайт жолду жалдырап.

Кан тамырлар чыңалган
күтүү деген эшикте
үйгө сыйбай тыбырап
жолду тосуп кетишти.
Эбиреген жел аргы
Жеткирбеди эч кабар.
күтүү ташта олтурат
нур элесиң эсте бар.

Күркүрөгөн өзөн да
токтоно албай ээлигет.
Көпүрөдө сабылып
кыял жүрөт сени деп.

Кол телефон шыңгырайт
Балким, балким сен бекен?
Кантээр экен абалы
Күтүүнүн сен келбесең.

Күтүү, күтүү миң тамыр
чың күүлөнгөн кыяктай.
Сыбызгыган сыздаган
күү ойнолуп турат жай.

 

***

Даамы да ширин, күүсү да ширин булагым
Кулундай туйлап жүгүрөт төмөн айылга.
Суктанып сага балалыкты эстеп турамын
Өрөөнгө толуп ырдаган ырың дайын да.

Тектирче бийик, тамшанып карайм өрөөндү
Ак көйнөк келин козудай ээрчип балдары.
Ийиндеп бакан, чакада суусу чайпалат
Өз жериң, үйүң тынч болсо жоктур арманың.

Тууган жер мээрим, шыбага чачып турганда
Ичиңе сыйбай түктүү жер берген күч-кубат.
Заңкылдап ырдап, оонагың келет тулаңга
Бу куттуу Мекен гүл чепкен кийип кулпурат.

Кулпурат гүлдөр түмөн түс таза боелгон
Жараткан чебер иштеген экен аянбай.
Көкүрөк кере дем алам аңкыйт абасы
Ээрчиткен өргө 
                         сокмо жол менен барам жай.

 

УНЧУКПАЙ КЕЛИП УНЧУКПАЙ КЕТЕТ БУЛ СҮЙҮҮ

Унчупай келип унчукпай жашайт адамдар,
түнттүгү менен жашоонун түрүп түндүгүн.
сурабай-нетпей бир сүйүү келет адамга
сезимди ээлеп көрсөтөт кимдин кимдигин.

Жабышкан ички дарт болот сага унчукпай,
Өгөөлөй берет көңүлдү бүтүн унчукпай.
Акылга салып анча эле болбой убара
Шердентип жанды көбөйтөт күчүн унчукпай.

жүрөктү ээлейт сел болуп каптап унчукпай,
Жай албай жаны жүргүзөт бийлик унчукпай.
Тандабайт анда өң-түсү, кыял – жоругун
Жылдызы жагып жан шерик болот унчукпай.

Түн болсо эгер жарыгын жагат унчукпай,
Суук болсо эгер жылыта берет унчукпай.
Дүйнөдө башка илинбейт көзгө эч нерсе
ааламды бүтүн унута берет унчукпай.

Дарыя— өзөн мезгилдер агат унчукпай
Бир күнү сүйүү азабын салат унчукпай.
Баягы толгон сезимдер өксүйт унчукупай
Үч көчкөн журттай бул сүйүү өтсө унчукпай.

Унчукпас сүйүү ээлеген эле унчукпай,
Бош калат аалам, бош калат сезим ыйлаган.
Байкоостон келип, байкатпай кеткен унчукпай
Сүйүүсүз түндүк түшкөнүн көрчү кыйраган.

Баягы толгон сезимдер өксүйт унчукупай
Үч көчкөн журттай бул сүйүү өтсө унчукпай.

 

ЖАКШЫНА СӨЗДӨРҮМДҮН ДЕМИ ТИЙИП…

Сен күндүн желесиндей жарыгы бар,
Жаныма кубат берчүү азыгы бар
Теңирдин элчисиндей бала деген
Жашоого жетелеген ырсың – кумар.

Бала деп ыр дестеге толгон дүйнө
Көңүлүм куштай учкан бийик-бийик.
Көктөгү жылдыздардын нуру күчөп
Жакшына сөздөрүмдүн деми тийип.

Дүнүйө жылытуучу жарык аман,
Болсо экен башың таштан, жаның аман.
Уул –кыздын урматын көр, элиң аман,
Ырыскың улук, бактың толсун балам.

Каалгыган айга аалам көз тиккендей,
Мен сага тигилемин жүрөгүмдөн.
Мээримдин таттуулары түк түт келбей
Жалбарып жатсам – турсам жүрөмүн мен.

Дүнүйө жылытуучу жарык аман,
Болсо экен башың таштан, жаның аман.

 

***

Жайлоого шаардан чыктык биз,
Күрсүлдөп чоң турмуш кайнаган.
Мерседес зыпылдап учтук түз
Жашыл төр, гүлдөргө жайнаган.

Сапардын урматы узак жол,
баратам жүрөгүм учкан куш.
Тоолорду курчаган бу таш жол
көкүрөк кайкалап кубаныч.

Жеттик да токтодук суу бойлоп,
Боз үйлөр, кулундар желеси.
чайыттай ачык күн жел ойноп
козулар ээрчиген энесин.

Өзгөчө жапжашыл салкын төр,
Шылдырайт мүрөктөй кашка суу.
Кана ичип суусунум каныптыр
Көңүлүм көкөлөйт башкача.

гүлдөрү түрлөнүп ыргалат,
башайы жамынган тоо сулуу.
Ажайып авандар ырдалат
кыргыздын сыр каткан тоосу бу.

Шаңшыган бүркүтү, жылкылар
Чачпагы шарпылдайт, чоң эне.
Эстеймин апа-атам, чоң чынар
Эстөөдөн козголот делебе.

Тоону эңсеп шаардан чыкканбыз,
Эс алдык жайлоонун койнунда.
Өпкүлөп тулаңын, таш, жалбыз
Баладай чуркадык ойдуңда.

 

МЕН КЕЧКЕН СҮЙҮҮ, ЧАРЧАТПА!

Ойлордун алыс түйдөгүн кайра жандырып,
Мен кечкен сүйүү, эстетип улам чарчатпа.
Таң шоокум сенсиз келгенге койгом көндүрүп,
Табитим тартпайт эстөөгө улам, чарчатпа.

Кыялды минип кыдырган дүйнөм сүйкүмдүү,
Кантсе да сенсиз байлагам белди, чарчатпа.
Бейопаа сүйүү, кечкенмин эбак өзүңдү,
Бейубак «кылт» деп сезимди эми чарчатпа.

Бу жарым кылым митедей жанды кемирген,
Сыздаттың далай, сезгим жок эми чарчатпа.
Чыдамдын жаны таш эмес, чоюн, темирдей
Туруштук берип келатат сага, чарчатпа.

Унутуу деген сөз экен куру жөн эле,
Жүгүрүп тоого чыккандай ойду чарчатпа.
Жүрөгүм түтүп ооруган эмес жөн эле,
Өмүрүм сен деп өттү го боо—боо, чарчатпа!

Бүкүлү уктап, бүкүлү күтүп өмүрдө,
Бир укмуш күндөр кечирдим сенсиз, чарчатпа.
Кыялды багып, эх, кандай өттү ар ирмем,
Тогуз бал толкуп Океан болдум, чарчатпа!

Деңиздей терең, Гималай тоодой бийиктеп,
Курчудум ыссык—суукка да, сүйүүм чарчатпа!
Карк болдум чексиз маңдайга жазган бактыга,
Теңирге алкыш, кечкенмин сенден, чарчатпа!

 

КЫРГЫЗ ЭЛИМ

Кыргыз элим жер бүткөндөн жаралган,
Күлүк минип жалы желге таранган
Жеңил көчүп, жоокер турмуш кечирип,
Бүт жер шарын ээлеп, урпак таралган.

Кайырма:

Жер бүткөндөн кыргыз келген дүйнөгө.
Эл деп башын сайган далай эрендер.
Кыргыз ыйык, ыйык жери, суусу да,
Бүгүн да элим кечээгидей кеменгер.
Кыргыз ыйык, ыйык жери, суусу да,
Бүгүн да элим кечээгидей кеменгер.

Кырчылдаган кыргындарда кан кечип,
Жалтанбаган жоодон, бөтөн адамдан.
Акылына, өз күчүнө ишенип,
Жалгыз гана Жаратканга таянган.

Кайырма:

Улуу кыргыз эрке уулундай Кудайдын,
Көктү чийген чокуларды жайлаган.
Алыстарга, кылымдарга көз таштап,
Келечекти көрө билген хан бабам.

Кайрыма:

Эр Манасы, эр Бакайы, Чыйырды
Эл деп башын сайган далай эрендер.
Кыргыз ыйык, ыйык жери, суусу да,
Бүгүн да элим кечээгидей кеменгер.
Ак эмгектен курат куттуу Мекенин,
Эртең да өсөт Эл деп күйгөн берендер.

Кайырма:

Түз калбаган ат туягы тийбеген,
Жер бүткөндөн кыргыз келген дүйнөгө.
Эл деп башын сайган далай эрендер.
Өзөн-суу жок баатыр кыргыз жүрбөгөн.

 

МАЙРАМ БОЛСУН БҮТ ӨМҮР

                                     «Кудай элге тынччылык бер,
                                     Эл ичинде балдарымдын башы аман болсун!»
                                     Апам менен атамдын тилеги.
                                                                               Автор

Жаңы жылга мына жаңы календар,
Али эч кимге келээр күндөр белгисиз.
Барпалаңдап тосот күндү адамдар,
Кайсыл айдын кайсы күнү берет күч.

Календарды ким кубанып белгилейт,
Ушул дата мага оомат берди деп,
Кайсы число жүрүштүрөт ишиңди,
Кайсы число кара жолтой, бел бүгөт…
 
Белгиленген айдын, күндүн жүрүшү,
Жакышнакай уй тартылган календар.
Өткөндөрүн эстейт жыргап кимиси,
Ата Журтка күйөт бекен адамдар.

Анан дагы күндөр даана бөлүнгөн,
Арасында кызыл сыя майрамдар.
Аалам салган акындары, аалымдар-
баланча жыл туулганына… кайрандар.

Өтмүштөрдү эсептеген адамзат,
Келээр күндү жайгаштырат Көк Теңир.
Ыйман, өмүр пул –бийликтен арзандап,
Табы азайып бараткансыйт Кексе Күн.

Алмустактан күндү күтүп, таң тосуп,
Жакшылыкты далай тилеп Кудайдан
Журт атасы, журт энеси, балдарга –
элге тынчтык, амандыкты суранган.

Мен да тилеп дилимдеги тилекти,
Жаңы жылдын жаңы күнүн күтөмүн.
Календарда белгиленген сыядай
Ырыс шерик майрам болсун бүт өмүр!

 

МЕН СҮЙҮҮГӨ ОШКО КЕЛИП ЖОЛУКТУМ

Мен өзүңө Ошко келип жолуктум,
Маңдаңыма буйрук болуп, жол болуп.
Айдарым жел оюм менен жарышкан,
Эрке дайра Ак-Буураны бойлодук.

Кайрыма:

Бакыт белгиси,
Тоосу Сулайман.
Ошто жоолуктум,
Сүйүү Кудайдан.

Же:

Бүгүн өзүңдү
Таптым жалжалым
Ыйык Ошумда
Жоктур арманым.

Мен өзүңдү Ошто калдым жактырып,
Гүлгүн курак, гүл өмүрдүн периси.
Оттон, суудан жалтанбаган жашчылык,
Сүйүү берген ыйык Оштун белгиси.

Мен сүйүүгө Ошко келип жолуктум,
Бата тилеп Сулайман тоо тургандай.
Четин кармап сен салынган жоолуктун,
Сырымды айттым,
                             чынымды айттым ыймандай.

Кудум сенин майда өрүлгөн чачыңдай,
Мажүрүм тал сууга салган чачтарын
Ак-Буура өзөн сагынычын жашырбай
Уктуңбу эркем миң жалбарып акканын.

Мен өзүңдү Оштон таптым жалжалым,
Мажүрүм тал, Сулайман тоо, Ак-Буура –
күбө болсун, эми жоктур арманым,
Сен бирге бол ыйык сүйүүм бактыма.

Мен сүйүүгө Ошко келип жолуктум.

21.01.2009 ж

 

***

Жашоо деген аренада,
Ар ирмемди тебелеп,
Таргылтайды тага кылып,
Бөдөнөнү бөлө деп.
Тамандарым эзилди ай
Түйшүк тартып өлө көп.

Сөз билгени көклөтсө,
Манкурт турду төбөлөп.
Тайгак жолдо колго кармап,
Тагдырымды тегерек,
Түгөнбөгөн сан түйшүгүм
Убакытты өгөөлөйт.

Жүрөгүмдү кансыраган,
Этиеттейм Жан ширин.
Жөлөк болоор таяк таппай
Кармап турат кирпигим…
Кирпигимден тарткылаба,
Ошол колдоор түркүгүм!

Тырмыш күндөр өтөт учуп,
Колдоо жетпей кылчалык.
Кумурскадай ар бир пенде
Иштейт жатпай тынч алып.
Кең ааламда бир ирмемдик
Өмүр кыска мынчалык!!.

Жаралган бар бул дүйнөгө
Боорун жулуп эненин…
Олуя, хан, залим өткөн
Ак өлүмдү кенебей…
Түркүк болгон чымын да жок
Түтөт Теңир, Эне Жер…

Жылкы мүнөз пенде гана
Унут кылган өткөнүн.
Чыдамкайлык жерде гана,
Тең жылытат көктө Күн.
Безериге күн түшпөсүн,
Өзүң сакта Көк Теңир!!!

 

МУКТАР АШУУ

                           Муктар Маматалиевге

Жолдор узун, жолдор бийик,
Сапарда адам шашылаар.
Жалал—Абад, Өзгөн жолдо
Муктар аттуу ашуу бар.

Муктар тиккен кайрагачы
Бир саябан бак экен.
Барпаңдаган Муктардын да 
Элге пейли ак экен.

Алыс жолдо арыгандар
Саябанды паанектейт.
Элди ойлогон эрендердин
Эмгегине баа жеткис.

Качан болсун тайсалдабай
Эл кызматын аркалап.
Учса канат, таянч болуп,
Суук желден да калкалайт.

Жолдор алыс, жолдор бийик,
Муктар ашуу – гүл чепкен  
жамыныптыр бийик тоолор
суктандырып бир четтен.

Аман болсун гүл чепкен тоо,
Аман болсун инилер.
Өмүр жолдо бириң канат,
Таянч болгон бириңер.

 

ЖАНЫБЕК КАЗЫНЫН ЧЕБЕРЕСИ ЗАХИДДИН ЫРЫ

1.

Атам, апам урпактары басыздын,
Тегим басыз, мен да таза басызмын.
Касиеттүү Кыргызстанга куш келдим
Деп жүрөктөн айткан сөзү Захиддин.

Жаныбектин жан күйдүрөр урпагы,
Пакистандан чыгып жаткан үнүндөй.
Басыздарым чыйырыңа нур жакты
Ал жарыктан кубаттанам бүгүн мен.

Кадимдерден басыз, баасыз баатырлар,
Кыргызымдын Кутун сактап Көкөтөй
Эр Манаска зарлап, толук тапшырган
Ал мезгилден толот, өксүйт, өсөт Эл…

Кылымдарга изи баткан кыргызым,
Жаныбектей бабам жагып жылдызын,
Ар заманда жүгүн турган ийиндеп
Салтты улантат бүгүн деле уул— кызың.

Атам, атам урпактары басыздын,
Элим кыргыз, мен нукура басызмын!!!

2.

Кумурскадай тынным билбей кызматта,
Мен басызмын бааланбаган эмгеги.
Муздак шамал тарабыңа төш тосуп
Калкым үчүн канат жайып келгенмин.

Жадыраган күн астында жетилип,
Ата-энеден тарбия алдым жакшына.
Жамандарга боорум ачып кетилип,
Саябанмын жандооч болгон жакшыга.

Дөңгөлөгү карт тарыхтын айланган…
Канча азамат сөөгү агарды бүгүндөн.
Чоң тагдырлар кутман элге байланган,
Кутман жер деп канча азамат бүгүлгөн.

Кыргыз үчүн канча азамат биригип,
Душманына муштум болуп түйүлгөн.
Эр Манастай уул төрөлсө Эл үчүн,
Көкөтөйлөр, Эр Бакайлар сүйүнгөн.

Эл Адамы болгон эмес өзүмчүл
Калбаса да кара баштын туягы.
Калк дегенде баасыз-Басыз сезим пир,
Колдоп келген көктө Теңир Кудайы.

Кара өзгөйдү кан капшыра кармаган,
Айкөл батыр басызды туу карманам.
Элге жооптуу, элге зарыл иштерде
Жаныбектин колдой жүрсүн арбагы.

 

ЫР

Жылт этип жылдыз күйгөн сыяктанып,
Ааламдан Адам кетет туяк калып.
Жаныңда кеп билбеген кемпай болсо,
Кысталыш жерде коет уяткарып.

Гүл турмуш убагында гүлдөп турган,
Өрөөндү, жака— белди көрккө бөлөп,
Аның да мезгилинде соолуйт курган,
А пендең барга көнөт, жокко көнөт…

Заманаң алчыланып күлүк минген,
А деле бапаа кылбай кетет күндөн.
Ар кошкон ынтымакка келип— келбей,
Өзгөгө жем болушат бирден— бирден.

Тагдырың тамашалуу сыяктанып,
Тайраңдап жүргөн кезде баркын билбей.
Теңтушуң көрпенделик кылаары анык,
Көрө албай күйө берип күндөшүңдөй.

Турмуштун табышмагы мезгилдерде,
Аны али аңдай албайт балапан кез.
Кышы бар кычыраган кээ күндөрдө,
Же жемиш төгүн-чачын берешен күз.

Бүт бары өтмүш болот чамгарактуу,
Жолуң да айлан көчөк чиеленген.
Бешенең кадимки эле жөргөмүштүн
Торундай –Кудай-Паашам чие берген.

Бирөөгө жылдыз терсин деген болсо,
Бирөөгө жүзүм сымал мөмө берген.
Бирөөгө Эл кызматын аркалатса,
Бирөөгө жарык тийген куттуу элден.

Кесирлүү, элди бузган безерини,
Кечирбей кудай урган, арбак урган.
Карт тарых башын чайкайт кеч болсо да,
Жашоого саресебин салып турган.

А бирөө зар болгон бак бирөө үчүн,
Жөн нерсе мааниси да байкалбаган.
Адам бар маңыз, тантып мээ чириткен,
Адам бар алкышын да айталбаган.

Бу чиркин дүйнөң түшкүр бапаасыз ов,
Көк жээктей көз жетпеген кыйырына.
бу пендең жашап өтпөйт катаасыз ов,
Акылуу чалынууга, жыгылууга.

Токсон түр тосмо келет туюгунан
Туягың тулпар болуп жетилгенче.
Ар түрдүү жырткыч менен тебишмей бар,
Ташыркап, текөөрлөрүң кетилгенче.

Баткан бар гүл турмуштун кызыгына,
Чыдаган суугуна ысыгына.
Кеткен бар дербиш болуп дүйнө кезип,
Айры да тийсең тозуйт уюгунан…

Элирип бактысына эси эңгиреп,
Энени унуткан бар, чалчаңдаган.
Жебиреп ага-инини чабыштырган,
Катын бар маңка мурдун тарта албаган.

Тирлик бар куржун болгон моюнуңа,
Кантсең да мээнетиңди кайтарбаган.
Мезгилдин укуругу Жаратканда,
Ооздугун пайгамбарлар тарта албаган.

Ааламдан далай пааша, аалым өткөн,
Маалында өзөн бурган артка кайрып…
Аргасыз колун жазып Жан артынан,
кетиптир кумурска да, бака майрык.

Дүйнөгө түркүк болгон олуя жок,
Бу жарык бизге аманат жараткандан.
Кор кылып гүл турмушту майдаланбай
Жашайлы, болбой койбойт пендеде арман.

Антсе да ыйык тутуп ар ирмемеди
Адамдар алмустактан болгон Адам!
Кадырды билгендер көп анткен менен
Бир жүрөт тизгин талаш жакшы— жаман.

Жылт этип жылдыз күйгөн сыяктанып,
Ааламдан Адам кетет туяк калып.
Жаныңда кеп билбеген кемпай болсо,
Кысталыш жерде коет уяткарып.

Туягың Жаны бекем болсун Адам,
уучуңду улай турган эртеңдерге. 
Кыргызды кылымдарда сактап келген,
Нарк-насил, Көк Теңирим, тарых көөнө.

Жүзүңдү жарык кылсын Кут сактаган
Көкөтөй— Басыз бабам сыяктанып.
Артыңда жоктооруң да болсун экен,
Баркыңды билип колго кыякты алып.

Кошогун кошоор колго кыякты алып.

 

МЕН КЫРГЫЗМЫН

Сулуулугум ырдап турган тилимде,
Тазалыгым сүттөй аппак дилимде.
Бийиктигим Ала-Тоодон үйрөнгөн
Жөпжөнөкөй кичи пейилдигимде.

Ыйыктыгым айтып турган сөзүмдө,
Күлүктүгүм учкул кыял кезимде..
Эне жердин берекелүү белеги
Эне тилим сезип турган сезимде.

Баатырдыгым калыс айткан сөзүмдө,
Балбандыгым тик караган көзүмдө.
Эне тилим кудай сүйгөн ыйык тил
Миллион сап Манас берген кезинде.

Айкөлдүгүм касиети кыргыздын,
Мен эр жүрөк касиеттүү кыргызмын.
Акыл менен аалам тербеп ой багып,
Арасында кыял сүргөн жылдыздын.

Дүңгүрөтүп бийлеп турган дүйнөнү,
Океандай бабам айткан ыр менен.
Ат жалында бүт жер шарын айланып
Жер калбаган кыргыз буту тийбеген.

Жер бүткөндөн бир жаралган кыргызмын,
Уучун улап, тилин сүйлөйм кыргыздын
Жасап келген кылымдарда эрдикти
Ата-Журтту, Кутун коргойм кыргыздын.

Улуулугум энем ырдап кыргызча,
Бабаларым саймердеген санжыра.
Мыктылыгым төшү түктүү жер колдоп,
Кайберендер жол баштаган алдыга.

Сулуулугум ырдап турган тилимде,
Тазалыгым сүттөй аппак дилимде.
Бийиктигим Ала-Тоодон үйрөнгөн
Жөпжөнөкөй кичи пейилдигимде.

 

КЫРГЫЗ ТИЛИ

1.

Маалында жебе болуп катылганга,
Бутага таамай тийген, качпаган тил.
Келишсе кеп ооматы сөөлөт күтүп,
Кыргыздын кыргыздыгын сактаган тил.

Аянбай аппак дилди ачып коюп,
Досуңа балдан таттуу мактаган тил.
Намыска шек келтирип кер сүйлөгөн,
Душманга заарын чачкан, жакпаган тил.

Жаралуу кан майданда жаткан баатыр,
Керээзин ташка чегип сактаган тил.
Туу тутуп нарк-насилди кылымдарда,
Эрлерди эсил кайран сатпаган тил.

Заманды бетке кармап уул күйбөсө,
Кыргыз тил кээде өнүгүп,.. аксаган тил…
Жер кезип Ала-Тоодон алыс жүргөн
Кыраандар кыргызым деп какшаган тил.

Боз үйдүн туурдугун сыйрып таштап
Ырдаса өрөөн, тоого батпаган тил.
Теңирим чексиз күчтү берип салган
Эл— жерге катылганга – таш бараң тил!

Келишсе кеп ооматы сөөлөт күтүп,
Кыргыздын кыргыздыгын сактаган тил.

2.

Кыргыздын тили кылымдан кылым көчкөн тил,
Кыргында бүтпөй, кыйрабай кайра өскөн тил.
Жонунан кайыш тилинип далай азапта,
Сай-сөөгү сыздап таяктын уусу өткөн тил.

Кылымдар оошуп кыян-сел басса жан сактап,
Ырыскы качып ындыны кыйла өчкөн тил.
Ооматы келип, аргымак туйлап алдында
Кылычы ойноп, күпүлдөп далай көпкөн тил…

Чөлдөрдү кезип тамчы суу таппай каткан тил,
Океан, дайра, өзөндөн жолун тапкан тил.
Тибетти ашып бейишин жердин ээлеген
Манасрава көлүнүн суусун таткан тил.

Гималай барып таш зоону кертип куш жетпес,
Бугай хан үчүн ак сарай зердеп курган тил.
Бүт зарын жана тилегин куттуу Эл деген
Чокуда туруп Теңирге айтып турган тил.

Акылын калчап, жер шарын бийлеп ой менен,
Акылман бабам улук сөз элге каткан тил.
Кучагын жазып жер шарын апчып кол менен
Намызы улук, кыргыз деп уран айткан тил.

 

ОШУМ СЕН ЭҢСЕП КЕЛЧҮ ЫЙЫК ШААРЫМ

Ошуман кубат алам алсырасам,
Түйшүгүн түмөн элдин ойлой берип
Жашаган Курманжаным, Ошпур атам,
Ак-Буурам кээде толуп, кээде кемип.

Сулайман пайгамбарым мекендеген,
Суусундук сунуп далай жолоочуга.
Асырап дүйнө кезген кербендерди,
Бабырга түнөк берген короосунан.

Жашаган акыл калчап бабаларым,
Эр Манас паанектеген сапарынан.
Алардын ыйык изин таба аламын
Өркөчтүү тоосундагы таштарынан.

Жүрсөм да насип буйруп, өлкө кезип,
Ошум сен эңсеп келчү ыйык шаарым.
Колдогон кудуретти дайым сезип,
Өсүшсүн, өркүндөтсүн урпактарың.
Ошум сен эңсеп келчү ыйык шаарым

 

© Закирова Т., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 7499