Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Маалымдама адабияты
© Кадыров Ысмайыл, 2008. Бардык укуктар корголгон
© Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30-сентябры

Ысмайыл КАДЫРОВ

Кыргыздын Гиннесс китеби

же рекорддор, эң, эң…, алгачкы, биринчи, тунгуч, карлыгач, баштоочтор ж. б. тууралуу Жаныбек жыйнак

Ысмайыл Кадыров көп жылдардан бери кыргыз элинин өзүнүн Гиннес китебине кирчү рекорддорду жыйнап келатат. Айрымдары мезгилдүү басма сөзгө жарыяланып, окурмандардын колдоосуна ээ болгон.

Кыргыз басма сөзүнүн тарыхында биринчи жолу жаралып жаткан бул жыйнак кыргыз элинин рухий маданиятына өз салымын деген ойдобуз.

Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. – 216 б. китебинен алынды

УДК 030
    ББК 92
    К 13
    ISBN 978-9967-14-059-2

 

Алгы сөз

Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекет катары өзүнүн тарыхы, өзгөчөлүктөрү бар. Ошондуктан дүйнөлүк Гиннесс китеби сыяктуу Кыргызстандын дагы рекорддор китебин (өзгөчө, эң чоң, эң көп, эң узун ж.б. жөнүндө) түзүү менен көп жылдардан бери алектенип келем. Ал үчүн энциклопедиялардан, китептерден, гезит-журналдардан маалыматтарды топтоп, окшошторун бири-бирине салыштырып, тыкыр изилдөө жүргүзүү менен туура деп эсептегендеримди иргеп алдым. Машак тергендей бир чымчымдан чогултуп, мүмкүн болушунча тактоого аракет жасадым. Тематикаларга бөлүштүрдүм. Кыргыз мамлекетинин тарыхына, илимине, маданиятына, экономикасына ж.б. өзгөчө салымы бар инсандардын жасаган иштерин келечек муун биле жүрсө деген тилек кылдым. Дың бузуу, алгачкы чыйыр, из салуу, биринчи кадам таштоо, тунгуч, абалкы болуу өтө оор, өзгөчө жооптуу, ошол эле учурда сыймыктуу дагы. Ошондуктан кыргыздар чыгаандарды көч башы, топ бузаар деп кадырлашса, малдын дагы лидерин эркеч, баштаак деп ыйык көрүшкөн. Ошондуктан бардык тармактар боюнча баштоочтор, карлыгачтар жөнүндө да кыскача маалыматтар камтылды.

Бул иш биринчи жолу жасалып жаткандыктан кемчиликтер болушу толук мүмкүн. “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей авторго маалымат белгисиз болгондуктан китепке жазылбай калган, калпыс берилген жерлери, ошондой эле китептин жалпы түзүлүшү жөнүндө пикириңиздерди билдирип койсоңуздар, китептин андан аркы чыгарылыштары үчүн пайдасы гана тиет.

Бул китепчеде эч кандай саясий максат жок. Болгонун болгондой гана элге жеткирүү. Бул китепченин айрым материалдары бир катар республикалык басылмаларга мурда жарыяланган. Китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт деп ишенем.

Автор

 

Кыргыз Республикасы жөнүндө кыскача маалымат

• Кыргыз Республикасы (КР) Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Чегарасынын жалпы узундугу 4508 км. Эң узуну Өзбекстан менен болгон чегара (1374 км). Республиканын батыштан чыгышка чейинки эң узун аралыгы 925 км, түндүктөн түштүккө чейин 453,9 км. Жалпы аянты 199,9 миң км2, анын 93 %и тоо, аймагынын 94,2 %и деңиз деңгээлинен 1000 м, 40,8 %и 3000 метрден ашык бийиктикте. Калкынын жалпы саны 5 млн. (2002, 27-август). Административдик аймагы 7 облустан турат: Ош, Жалалабат, Баткен, Талас, Чүй, Ысыккөл, Нарын. Борбору — Бишкек ш. КРдеги эң ысык температура +440С — Чүй, эң суук температура ­540С Аксай метеостанциясында катталган. Кыргызстан жер шарынын кургак жеринин 0,13%ын ээлейт, мында дүйнөлүк фаунанын 3%ке жакыны бар.

• Кыргыз Республикасы өзүнүн тарыхында алгачкы жолу 1991­жылдын 31­августунда көз каранды эмес эгемендүү мамлекет болуп жарыяланган.

• Кыргыз Республикасынын 1-Конституциясы 1993­жылдын 5­майында Кыргыз Республикасынын 12­шайланган Жогорку Кеңешинин 12­сессиясында кабыл алынган.

• Кыргыз Республикасынын Гимни — 1992­ж. 3­декабрда кабыл алынып, 18­декабрда КР Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген. Сөзүнүн авторлору — Жалил Садыков, Шабданбек Кулуев. Музыкасы Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановдуку.

• Кыргыз Республикасынын Желеги 1992­жылдын 3­мартында кабыл алынып, Өкмөт үйүнүн төбөсүнө 5­мартта салтанаттуу көтөрүлгөн. Желектин авторлору: Айдарбеков Эмил, Жайчыбеков Бекбосун, Иптаров Сабыр, Матаев Жусуп, Сыдыков Маматбек.

• Кыргыз Республикасынын Герби 1994­ж. 14­январда кабыл алынган. Авторлору — Асейин Абдраев, Садырбек Дубанаев.

• Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили — кыргыз тили. Кыргыз тилине Мамлекеттик тил статусун берүү жөнүндө мыйзам 1989­ж. 23­сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин 11­шайланган кезексиз онунчу сессиясында кабыл алынган.

• Кыргыз улуттук валютасы — сом 1993­ж. 10­майдан баштап республиканын аймагында жүгүртүүгө киргизилген. Сомго ошол учурдагы Улуттук банктын төрагасы Кемелбек Нанаевдин колу коюлган. 2000­жылдын 28­августунан баштап Кыргызстанда 200, 500, 1000 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.

 

Облустар боюнча маалыматтар

Кыргызстанда жашаган кыргыз элинин жалпы саны 1924-ж. 750165, 1959-ж. 837 миң, 1989-ж. 2 млн. 530 миң 998, 1999-ж. 1-январга карата 3 млн. 128 миң 144 адам болгон.

 

Кыргыз тарыхынан кыскача маалыматтар

• “Кыргыз” аталышы (этноними) тууралуу алгачкы маалымат “Кытай тарыхынын атасы” атыккан Сыма Цяндын б.з.ч. 201­жылдагы “Щи­цзи” (“Тарыхый жазмалар”) деген китебинде “гяньгунь” деген ат менен жолугат. Ошондой эле “кыргыз” аталышы Кытайдын Хань доорунда”цзянь­гунь”, Тан тушунда “ясңзясы”, Юань учурунда — “цзилицзицы”, гректе — ”херкис”, араб­парсы жазмаларында — ”хыркыз”,”хырхыр”, монголдордо — ”хяргас”, орустарда — ”киргиз” ж.б. түрдө айтылат. Андан сырткары гегу, гэгун, жиегу, чийгу, хегаз,жылыс, булуту, хакяньси, гягас, кыркыс ж.б. аталыштары да бар. Санжырачылар “кыргыз” деген аттын Муканбет пайгамбардан 3700 жыл мурда пайда болгондугун айтышат, ал эми Осмонаалы Сыдык уулунун 1914­ж. Уфадан чыккан “Тарых Кыргыз Шадмания” деген китебинде кыргыз бабабыз Муканбет пайгамбардан 3400 жыл мурун дүйнөгө келгенин жазат. Алексей Левшиндин маалыматында Иса пайгамбар төрөлгөндөн кийинки 569­ж. император Юстин “Дизабулга” жиберген элчи Земарк кайтып кетип баратканда Алтай кыргыздарынын императорго бир сулуу кыз, ага кошуп бир нече кул бергендиги баяндалат. Тарыхта кыргыз өтө жотолуу, көк көз, сары чач, кызыл­чийкил болгон деп сыпатталат. Кыргыз элинин түпкү чыгышын, урууларга таралышын иликтеген Сейф­ад­дин Аксикенти (алгачкы кагазга түшүрүлгөн санжыра, “Маджму Ат­таварих”, кыргызча “Тарыхтар жыйнагы”, 16­к.), тунгуч агартуучу, окумуштуу­тарыхчы, санжырачы Осмонаалы Сыдык уулу (1875-1940), кыргыз тарыхын жазмага түшүргөн, жазма тарых менен оозеки тарыхты (санжыраны) салыштырып, дарамети жеткенче талдап, кыргыз тарыхын изилдөөнү эң биринчи илимий нукка салууга аракеттенген алгачкы тарыхчы Белек Төрөгелди уулу Солтоноев (1878-1938) болгон. Кийин Е. Поливанов, В. Радлов, Н.Бичурин, К. Юдахин, С. Абрамзон, К. Скрябин өңдүү орус илимпоздорунун келиши менен кыргыз илиминин жаңы доору башталган. Ал эми эл жазуучусу Асан Жакшылыков кыргыз элин күн (гунн, хунн), усун, сак (сактан), булут (бурут), кырк ууз (кыргыс, кыргыз) деген аталыш менен тээ топон суудан аркы доорлордон бери келаткан эң байыркы эл деп далилдейт (“Эстутум”, Б.:2005).

• Кыргыздар жөнүндө эң алгач кеңири изилдөө жүргүзүп, көптөгөн эмгек жазган чыгыш изилдөөчүсү, академик­тарыхчы Василий Владимирович Бартольд (1869-1930). Анын “Кыргыздар” (1927) аттуу тарыхый­илимий очеркинин жарык көрүшү менен күн чыгыш тарыхынын изилдене башташынын жаңы доору, накта илимий деңгээлдеги мезгили башталган. Анын пикири боюнча кыргыздар Орто Азиянын эң байыркы элдеринин бири. Ал 618­907­жылдары башкарган Тан династиясынын тарыхынан бир кыйла мурунку кытай тарыхый чыгармаларында кыргыздар жөнүндө маалыматтар бардыгын, кыргыздар кайда жашагандыгы жана алардын өлкөсүн башка өлкөлөр менен кандай жолдор байланыштырып тургандыгы жөнүндө географиялык жактан так көрсөтүлгөнүн, кыргыз элинин өң түзүлүшү жана тили жөнүндө маалыматтар айтылганын жазган. Ал эми А.Н. Бернштам (1910-56) кыргыз элинин түбүн б.з.ч. 4­кылымга такайт. Анын айтымында кыргыз элинин уюткусун түзгөн айрым уруу тайпалары ошол учурда азыркы Монголиянын түндүк­батышындагы Хяргас­Нур (Кыргыз­Көл) чөлкөмүндө түптөлө баштаган. Ал эми илимпоз Кожош Мусаев өз изилдөөсүндө кыргыздар мындан 4 миң жыл мурда болгон деп эсептесе, жазуучу Орозбек Айтымбетов “Кара Кыргыз” деген эмгегинде кыргыздын 8 миң жылдык тарыхы бар экендигин далилдейт. .

• Байыркы кыргыздардын түндүк хуннуларга каршы уруштары жөнүндөгү маалымат 1-2­кылымга тиешелүү.

• Тарыхта алгачкы кыргыз мамлекети 480–447-жылдары түзүлгөн деген маалымат бар.

• Тарыхтагы алгачкы күчтүү кыргыз мамлекети болгон Кыргыз кагандыгы Энесай дарыясынын боюнда Миң­Суу өрөөнүндө 6­кылымда түзүлүп, 13­кылымдын башына чейин өкүм сүргөн. Аны үстөмдүк кылуучу кыргыз урууларынан чыккан сулалелер бийлеген. Бартольд “9-10­кылым — Улуу Кыргыз мамлекетинин доору” деп атаган. Бул учурда Кыргыз каганаты чыгышы Байкөлдөн (Байкал) батышы Теңир­Тоого чейинки кеңири чөлкөмдө өз бийлигин жүргүзүп (Түштүк Сибирь, Монголия, Байкал, Эртыш, Кашкар, Ысыккөл, Талас ж.б. кыргыздарга баш ийген), кыргыз журтуна оомат келген, “Могулстандын жапайы арстандары” аталган. 904-ж. кыргыздар Кытайдан так талашкан. Ошол учурда өз жазуусу болгон. Байыркы ханзу тарыхынын маалыматы боюнча Энесай кыргыздары түрк тилинде сүйлөгөн тайпалардын ичинде эң алгачкы туруктуу календарга ээ болгон. Алар жыл башын “баш ай” атаган жана үч айды бир мезгил деп эсептеп, ар бир мезгилди жаз, жай, күз, кыш деп атаган. Ар бир жыл 12 жаныбардын аты менен аталган. Бул “мүчөл” делинген. Бир жылды 12 айга айрып, алар 1­баш ай, 2­корук ай, 3­күкүк ай, 4­чилде ай, 5­сарыча ай, 6­кыркүйөк ай, 7­мизам ай, 8­карача ай, 9­казан (согуш) ай, 10­каңжар ай, 11­акпаң ай (кара ай), 12­чил ай (соң ай) деп аталган. Кийин далай чабылып­чачылган учурларды да башынан өткөргөн.

“Кайың барбы кыргыз балта чаппаган?
    Кабак барбы кыргыз кыргын таппаган?
    Кыржон барбы кыргыз сөөгү жатпаган?”

— деген каңырык түтөтөр сөздөр чыккан. Ооматы кеткен кез “Манаста” “бири кетти Кырымга, бири кетти Урумга, бири кетти Каңгайга, бири кетти Алтайга, бири кетти Эренге, бири кетти Тереңге” деп сүрөттөлгөн.

• 840-ж. кыргыздар Борбордук Азиядагы уйгур кагандыгын талкалаган. Алардын ордосу Ордо-Балыкты басып алган. 840 – 44-жж. бүткүл Борбордук Азиядагы бийлик Энесай кыргыздарына өткөн.

• Кыргыз маданиятынын гүлдөгөн учуру 10-11­кк. болгон. Ал учурда шаарлар, кол өнөрчүлүк, соода өнүккөн. Окумуштуулар менен акындар чыгармаларын жараткан. Жайсаң манасчы ушул доордо жашаган деген пикирлер бар. Ал мезгилде Чүй өрөөнүндөгү Баласагын шаарында туулган Жусуп Баласагындын “Куттуу билим”, Ысыккөл кылаасындагы Барскан шаарында туулган Махмуд Кашгаринин “Түркий тилдер сөз жыйнагы” деген залкар эмгектери жазылган. 1067-68­ж. Баласагында тыйын чыгарылган.

• Кыргыздар ислам динин Караханийлер кагандыгынын тушунда кабыл алган. Бул кагандык 10­кылымдын 2­жарымынан 13­кылымдын башына чейин азыркы Кашкар, Түштүк Казакстан, Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандын аймагын ээлеп турган. Кагандыктын негиздөөчүсү Сатук Буура хан Абд ал­Керим болгон. Ал 960­ж. ислам динин кабыл алып, аны мамлекеттик идеология катары жарыялаган.

• 1680-ж. Тяньшань кыргыздары чыгыш Түркстанга жортуул жасаган.

• 1762­ж. 2­августта Россияда 1680-ж. Теңиртоо кыргыздары чыгыш Түркстанга жортуул жасаган.

• Теңиртоо кыргыздары жөнүндө алгачкы маалымат берген П.И. Рычковдун “Оренбург басмаканасы...” деген эмгеги жарык көргөн.

• Түштүк кыргыздар жөнүндө биринчи маалымат берген, кыргыз менен казактын айырмасын баса белгилеген, ошондой эле кыргыздар жөнүндө кыйла кызыктуу маалыматтарды камтыган эң узун аталыштагы китеп Филип Ефремовдун “Орусия унтер­офицери, азыр жарандык кызматтагы Ефремовдун он жылдык саякаты жана Бухара, Хива, Персия менен Индиядагы окуялары, андан Англия аркылуу Орусияга келгендеги өзү жазган китеп” аттуу китеби (1786). Китеп өтө кызыгууну пайда кылып, автордун көзү тирүүсүндө эле үч жолу басылган.

• 15­кылымдын 80­жылдары — 16­кылымдын башында кыргыздардын бир топ урууларынан “Кыргыз хандыгы” түзүлгөн.

• 16­кылымдын 1­жарымы — 1493-1529­жылдарда Орто Азиядагы окуялар жөнүндө З.М. Бабурдун “Бабур­намэ” жыйнагы чыккан.

• 18­кылымдын 2­жарымында айрым кыргыздар Тяньшандан Памир­Алайга көчкөн.

• 1871­ж. мартта Фергана кыргыздары Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө чыккан.

• Пишпек уездиндеги кедей жана орто дыйкандарды бириктирген демократиялык уюм “Букара” союзу 1917­ж. 3­майда түзүлгөн. 1917­ж. 9­сентябрда Пишпекте союздун сьезди болуп, анын башкармасынын төрагалыгына Кожомурат Сарыкулаков, орун басарына Имаш Көбөков шайланган.

• Тунгуч кыргыз революционер­большевиги Жукеев Таабалды (жашыруун аты Пудовкин Александр Александрович, 1882-1930).

• Кыргызстандын аймагында 1­болуп 1917­ж. ноябрда Сүлүктү менен Кызылкыяда Совет бийлиги жарыяланган.

• 1917­ж. декабрда Таласта, 1918­ж. январда Ошто, февралда Пишпекте, апрелде Нарында, майда Караколдо Совет бийлиги орногон.

• Советтердин уезддик 1­сьезди Пишпекте 1918­ж. 11­февралда болуп, совет бийлиги жарыяланган жана уезддик советтин президиумунун төрагалыгына Григорий Иванович Швец­Базарный шайланган.

• 1918­ж. 5­октябрда курамына Кыргызстан кирген Түркстан АССРинин Конституциясы кабыл алынган.

• 1922­ж. 10­октябрда Кыргыздардын тарыхы боюнча комиссия түзүлгөн.

• 1924­ж. 14­октябрда Бүткүл россиялык БАК РСФСРдын курамында Кара­Кыргыз автономия облусун түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Ага Каракол, Нарын, Пишпек, Ош уезддери, Олуя­Ата уездинин Талас өрөөнүндөгү болуштуктары, ошондой эле Анжиян, Кокон, Наманган уезддеринин Фергана өрөөнүндөгү болуштуктары кирген. Ошол жылы облустун калкынын саны 737 миң болуп, анын 63,5 %и кыргыз, 16,8 %и орус, 15,4 %и өзбек, 4,5 %и башка улуттар болгон. Облустун убактылуу мамлекеттик башкаруу органы революциялык комитет деп аталган. 1924­ж. 21­октябрда Кара­Кыргыз АОсунун Ревкомунун курамы бекитилип, ал 12­ноябрда ишке киришкен. Ал комитет облусту убактылуу башкарган атайын бийлик органы болуп 1925­жылдын мартына чейин иштеген. Ревкомдун 1­төрагасы, б.а. Кара­Кыргыз АОсунун 1­өкмөт башчылыгына Иманалы Айдарбеков, жооптуу катчылыгына Ибрай Тойчинов, облустук партиялык уюмдун 1­катчылыгына М.Каменский, жооптуу катчылыгына Ж. Абдрахманов, катчылыгына Ж. Саадаев дайындалган. Облустун убактылуу борбору Ташкен болгон. Борбор 1924­ж. декабрдын аягында Пишпекке көчүрүлгөн. 1926­ж. 12­майда Кыргыз АССРинин борбору Фрунзе деп аталган. 1936­жылдан Кыргыз ССРинин борбору болгон. 1991­ж. 5­февралда Фрунзеге Бишкек деген эски аты кайта берилген.

• 1925­ж. 27-30­мартта Кара­Кыргыз АОсунун Советтеринин 1­уюштуруу сьезди болуп, анда кыргыздардын мамлекети жарыяланган. Облустук Аткаруу Комитетинин төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланган.

• 1925­ж. 25­майда Кара­Кыргыз АОсу Кыргыз автономия облусу деп аталган.

• Кыргыз АОсунун аты 1926­жылдын 1­февралында Кыргыз АССРи (Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы) деп өзгөртүлгөн.

• 1927­ж. 7-12­мартта Бишкек шаарында Кыргызстандын Советтеринин 1­уюштуруу сьезди болгон. Сьезд Кыргыз АССРин түзүү жөнүндө декларация кабыл алган. Ага 238 делегат (анын 107си кыргыз) катышкан. Сьезд курамында 122 мүчөдөн, 27 мүчөлүккө кандидаттан турган Борбордук Аткаруу Комитетин (БАК) шайлаган. 12­мартта БАКтын 1­сессиясы болуп, Кыргыз АССРинин БАКынын Президиумунун төрагалыгына (республиканын 1­жетекчилигине) А. Орозбеков, республиканын Өкмөтү болгон Эл Комиссарлар Советинин төрагалыгына Ж. Абдрахманов шайланган. Кыргыз АССРинин мамлекеттик абалы алгачкы ирет БАК жана РСФСР ЭКС тарабынан 1927­ж. 24­мартта бекитилген.

• 1936­ж. 5­декабрда Кыргыз АССРи СССРдин карамагына кирген Кыргыз ССРи (Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы, Кыргызстан) болуп түзүлгөн.

• Кыргыз АССРинин 1­конституциясы 1929­ж. 30­апрелде Кыргыз АССР советтеринин 2­сьездинде кабыл алынган. Бул кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүн мыйзамдаштырган 1­конституция болгон. Кыргыз ССРи болгондон кийинки 1­конституция 1937­ж. 23­мартта республикалык Советтердин чукул чакырылган 5­сьездинде кабыл алынган.

• Кыргыз ССРинин Гимни 1­жолу 1946­ж. 30­мартта кабыл алынган. Анын текстин К.Маликов, Т.Сыдыкбеков, М.Токобаев, А.Токомбаев, музыкасын В.Власов, А.Малдыбаев, В.Фере жазган.

• Кыргыз ССРинин Мамлекеттик желеги 1­жолу 1937­ж. бекитилген.

• Кыргыз ССРинин Мамлекеттик герби 1936­ж. түзүлгөн. Автору О.Т. Павленко болгон.

• 1990-жылдын 24-30-октябрында коммунисттик диктатурага каршы алгачкы ачкачылык жарыялагандар Топчубек Тургуналиев, Тынчтыкбек Чоротегин ж.б.

 

Кыргыз жазуусу

• Чулу таштарга, аска бетине чегилген байыркы руна жазуусу (Орхон­Энесай алфавити) 6-7­кк. пайда болуп, 10-12­кк. чейин колдонулган. Мындай эстеликтер Энесай, Саян, Тува, Монголия, Талас, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. Ал жазууларды биринчи жолу 1893­ж. даниялык илимпоз В. Томсен (1842-1927) жана орус түркологу В. Радлов (1837-1918) окуган. Бул эстеликтердин кыргыздарга таандык экендигин айтышкан алгачкы окумуштуулар В.Радлов, В.Томсен жана орус тилчиси, түрк тилдерин изилдөөчү С.Е. Малов (1880-1937) болгон. Малов “Енисейлик түрктөрдүн жазуусу” деген эмгегинде “5­кылымдагы енисейлик жазуу эстеликтеринин тили — байыркы кыргыздардын тили” деп аныктаган. Бул эстеликтерди изилдөөгө башоту менен киришкен алгачкы кыргыз окумуштуусу — Четин Жумагулов. Анын эсеби боюнча Кыргызстандын аймагынан акыркы 100 жыл ичинде 20 руна жазуусу табылган.

• 1929-ж. 29-ноябрда кыргыз жазмасын араб алфавитинен латын алфавитине 1930-жылдын 1-январынан тартып өткөрүү боюнча Кыргыз АССР БАКынын Президиуму чечим кабыл алган.

• 1941-ж. 31-январда латын алфавитиндеги кыргыз жазуусун орус алфавитине (кириллицага) которуу жөнүндөгү мыйзам чыккан.

• Илимпоз-түрколог Четин Жумагулов 1975-ж. Кегети аймагынан айдоодогу топуракка көмүлүп калган эки эстелик таш таап, алардын сүрөттөлүшүн берип, араб тамгасында чегилген жазууларын чечмелеп окуп, “Эпиграфика Киргизии-2” аттуу китебине жарыялаган. Бул эстелик кимге арналып коюлгандыгын жазуу жүзүндө баяндап көрсөткөн 19-кылымдагы эң алгачкы эстеликтерден болуп эсептелет. Анын бири Муратаалы бийге тиешелүү.

 

Алгачкы кыргыз башкаруучулары, тарыхый инсандар

• Алгачкы кыргыз башкаруучусу — Барс­бег ажо (Барсбек, Ынанчу Алп Билге каган, Могилян). 711­ж. ал кагандык чыгыш түрк аскерлеринен жеңилип, Барсбег дүйнөдөн кайткан. Санжыра боюнча 5-6­кылымдарда Алтайда 1­кыргыз кагандыгы түзүлгөн. Ак кийизге салып Калач аттуу адамды хан көтөрүшкөн. Бул Барсбек болушу да ыктымал.

• Осмоналы Сыдык уулунун “Тарых кыргыз Шадмания” деген эмгегинде моңолдордон чыккан Асан уулу Самансур бүт кыргызга хан болгондугу айтылган. Ал көп мыйзамдарды киргизген. Кийин бул мыйзамдарды Ормон пайдаланган.

• 1670­ж. кыргыздын чоң багыш уруусунун улугу Койсары бий Кашкардын акимдигине көтөрүлгөн.

• Кыргыздарды тышкы душмандардан коргоп, көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн улуу инсандардын катарында төмөнкүлөр өзгөчө айтылат.

• Кокон хандыгын башкарган алгачкы кыргыз — Шераалы хан, Ажибек (Хаджибек) уулу Шераалы (1792-1844). Ал Кокон хандыгын 1842-45­ж. бийлеген. Энеси да, аялы да кыргыз болуп, өзү Таластагы кыргыздардын арасында өсүп­өнгөн.

• Кокон хандыгындагы баш вазир даражасына жеткен 1­кыргыз — Алымкул аталык (?-1865). Ал Молдо Алымкул деп да аталган. Кыргыздын кыпчак уруусунан чыккан.

• Алымбек датка кыргыздын түштүк жана түндүк урууларын бириктирүүгө көп аракет жасаган. Ал Кокон хандыгындагы кыргыздардан чыккан (алайлык) эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам. “Датка” наамы Кокон хандыгынын учурунда Орто Азия аймагында 18­кылымда пайда болгон. Эң көрүнүктүү, кадыр­барктуу, зоболосу жогору адамдарга берилген. Датка элден түшкөн даттанууларды ханга билдирип, арыз ээлерине жообун кайтарып турган. Бул наам ошол доордо кеңири жайылган казы, бий сыяктуу жергиликтүү өкүмдүк наамдардан кыйла жогору турган. Датканы И.Бичурин «генералга тете жогорку чин» десе, орус окумуштуусу А.Кун генерал-губернаторго теңеген. Даткалар хан казынасынан жылына 200 батман аштык жана 1000 дилде алууга акылуу болушкан, ар кандай кызматтарды аткарышкан. Алмазбек Абасбековдун изилдөөсү боюнча 1804-1876-жылдары кыргыз инсандарынан төмөнкүлөр датка даражасын алышкан: Ажыбек (чыныгы аты Аспердин, Талас), Медет (Жумгал), Кедейбай (Чартактын акими), Сарымсак, Тойчу Молдо (Хоженттин акими), Шапак, Сейитбек (кесек уруусу), Болот, Касым, Гаиб (Алай), Бозой (Бадахшан), Тилла (тейит уруусу), Каракул (найман уруусу), Айдарбек (Чүй), Алымбек (Алай). Алымбек 1831­ж. Мадали хандан “Алайдын даткасы” наамын алган. Ал өлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн. Курманжан Маматбай кызы (1811-1.02.1907) кыргыз аялдарынын ичинен гана эмес, бүткүл Борбордук Азиядан аялзатынан жападан жалгыз өзүнүн даанышмандыгы, акылмандыгы менен сый­урматка татып 1864­ж. датка наамын алган, “Алай ханышасы” атка конгон. 1876­ж. Курманжан даткага орус бийлиги “полковник” чинин ыйгарган. Мындай чоң чинге ага чейин эч ким ээ болгон эмес. Айрым маалыматтарда ага чейин Зыйнат датка (Шералы хандын таежеси) болгону да айтылат.

• Ормон Ниязбек уулу (1791-1854) 19­кылымдын ортосунда (1842) кыргыз урууларын бириктирип, кыргыз хандыгын (мамлекетин) түзүүгө аракет жасаган инсан. Ага Кокон хандыгы парваначы даражасын ыйгарган. Кол башчылыкка Төрөгелди баатырды, кеңешчиликке Жантайды дайындаган. Кокон хандыгынын кыргыздарга көрсөткөн кысымынан кутулуу үчүн Орусиянын Сибирдеги аскер бийликтери менен тымызын байланыш түзүүгө аракеттенген. Бирок, ал ишке ашкан эмес. Анын казак султаны Кенесары Касымовдун жортуулун талкалоодогу айла­амалы (тактикасы) “Ормон опуза” деген ат менен белгилүү.

• Тайлак Рыскул уулу, Тайлак баатыр (1796-1838) 19­кылымдын 1­жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн кыймылдын ири өкүлдөрүнүн бири, саяк уруусунун чоро уругунан чыккан. Ал бир тууганы Атантай менен бирдикте 1832-38­ж. Атбашы, Акталаа, Тогузторо аймакгындагы кыргыздарды бириктирип, Кокон хандыгына каршы күрөштү жетектеген.

• Ажыбек баатыр Токтобай уулу (1800-1856) Атбашы, Какшаал чериктерин башкарып, кыргыз-кытай чегарасын сактоодо олуттуу орду бар инсан.

• Кубат бий 18­кылымдын 2­жарымында Алай жана Фергананын батыш жагындагы кыргыздарды бийлеген. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүдө жасаган көп иштери уламыш катары айтылып келет.

• Боромбай 1844­ж. Батыш Сибирдеги орус падышасынын бийлигине бугу уруусун букаралыкка алуусун өтүнүп элчи жиберген, 1848­ж. ал орус бийлигине 2 ирет кайрылган. 1853­ж ага полковник чини ыйгарылган.

• Шабдан Жантай уулу (1839-1912) кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн зор иштерди жасаган инсандардын бири. Ал Кокон хандыгынын кол башчысы Канат­шаа менен 2 жылга жакын Ташкенде туруп, Ташкенди курчап алгандардан коргоодогу эрдиги үчүн Түркстан шаарынын бегине дайындалган. Шабдан 1883­ж. орус падышасы Александр ҮҮҮнүн такка отуруу аземине чакырылып, ага аскер старшинасы наамы ыйгарылган. Ал жоомарттыгы, берешендиги, боорукердиги менен да өзгөчөлөнгөн. Чоң­Кеминге жаңы усулда сабак өтүүчү медресе (“Шабдан медресеси”) ачтырып, кыргыздардын билим алуусуна да чоң салым кошкон.

• Байтик кыргыз элинин өз алдынчалыгына умтулуп, Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөштүн башында турган инсандардын бири.

• 1949-72­ж. Кичи Памирдеги кыргыздардын ханы болуп, чет жерге ооп барган кыргыздарды чачыратпай башкарып жүргөн 1­адам Рахманкул хан (1912-1990) болгон.

 

Кыргыз Республикасынын Президенттери

Акаев Аскар (1990-2005), Бакиев Курманбек Салиевич (2005-жылдан).

 

Кыргызстан облаткомунун, Эл комиссарлар советинин, Министрлер советинин төрагалары жана Премьер­министрлери

Айдарбеков Иманалы (1924-25), Орозбеков Абдыкадыр (1925-27), Абдрахманов Жусуп (1927-33), Исакеев Баялы Дыйканбаевич (1933-37), Салихов Мурат (1937-38), Кулатов Төрөбай (1938-45), Раззаков Исхак (1945-50), Сүйөркулов Абды (1950-58), Дикамбаев Казы (1958-61), Мамбетов Болот (1961-68), Сүйүмбаев Акматбек Сүттүбаевич (1968-78), Ибраимов Султан (1978-80), Дүйшеев Арстанбек (1981-86), Жумагулов Апас (1986-91, 1993-98), Исанов Насирдин (1991), Чынгышев Турсунбек (1992-93), Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович (1998), Ибраимов Жумабек (1998-99), Муралиев Амангелди Мурсадыкович (1999-2000), Бакиев Курманбек Салиевич (2001-02, 2005), Танаев Николай Тимофеевич (2002— 2005), Кулов Феликс Шаршенбаевич (2005-2007), Исабеков Азим Бейшенбаевич (29.01.-29.03.2007), Атамбаев Алмаз Шаршенович (29.03.-24.12.2007), Чудинов Игор Витальевич (24.12.2007-жылдан).

 

Кыргызстан компартиясынын обком жана Борбордук комитетинин биринчи катчылары

Каменский Михаил Давыдович (1924-25), Узюков Николай Анисимович (1925-27), Шубриков Владимир Петрович (1927-29), Кульков Михаил Максимович (1929-30), Шахрай Александр Осипович (1930-33), Белоцкий Морис Львович (1933-37), Аммосов Максим Кирович (1937-38), Вагов Алексей Власович (1938-45), Боголюбов Николай Семёнович (1945-50), Раззаков Исках (1950 –61, 2000-ж. жайында сөөгү Москвадан алып келинип, Аларча көрүстөнүнө коюлган), Усубалиев Турдакун (1961-85), Масалиев Апсамат (1985-91), Аманбаев Жумгалбек Бексултанович (1991.04.-.08).

 

Кыргызстан Борбордук Аткаруу Комитетинин, Жогорку Кеңештин төрагалары

Орозбеков Абдыкадыр (1927-37), Шамурзин Султанкул (1937-38), Салихов Мурат (1938.02-05), Толубаев Асаналы (1938-43), Токобаев Молдогазы (1943-45), Кулатов Төрөбай (1945-78), Ибраимов Султан (1978.09-12), Дүйшеев Арстанбек (1979-81), Кошоев Темирбек Кудайбергенович (1981-87), Акматов Таштанбек (1987-90), Масалиев Апсамат (1990-91), Шеримкулов Медеткан (1991-92), Чолпонбаев Мукар Шалтакович (1992-97), Мукамбаев Усуп (1997-2000) Матубраимов Алмамбет, Эркебаев Абдыганы (1998-2005), Бөрүбаев Алтай Асылканович (2000-2005), Текебаев Өмүрбек Чиркешович (2005-2006), Султанов Марат Абдыразакович (2006-2007), Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (2007-жылдан).

Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1-төрагасы – И.П.Боряк (1938 — 40).

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 1991–ж. түзүлгөн. Анын тунгуч төрайымы – Баекова Чолпон Турсуновна.

Кыргыз Республикасынын 1-Омбудсмени (Акыйкатчысы) Турсунбай Бакир уулу. Ал 2002-ж. 21-ноябрда КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынында шайланган.

 

Алгачкы саясий ишмерлер

Кыргыз кыз-келиндеринен чыккан алгачкы коммунист, айыл өкмөтүнүн 1-төрайымы, эң алгачкы чарба башкармасынын раиси, БАКга 1-мүчө болуп, 1-Москвага барган — Уркуя Салиева.

Кыргыз ССР Жогорку сотунун 1-төрагасы – С.Б. Сегизбаев (1936-37).

Кыргыз ССРинин 1-прокурору – А.М.Присяжный (1938-39). Биринчи кыргыз прокурору – Таш Кудайбергенов.

Кыргыз ССРинин 1-тышкы иштер министри – Казы Дыйканбаев (1944-49). Ал эми кыргыз аялдарынан чыккан 1-тышкы иштер министри – Сакин Бегматова (17 жыл болгон).

Алгачкы эл агартуу комиссары – К.Тыныстанов (1927).

Республиканын 1-мал чарба министри – Акун Саякбаев.

Кыргыз кыз-келиндеринен тунгуч министр – Нургазиева Фатима (Батый). 1955-жылга чейин Саламаттык сактоо министри болгон. Ал кыз-келиндерден чыккан 1-ректор дагы.

Жогорку партиялык мектепти аялдардан 1-болуп бүткөн – Күлүйпа Кондучалова. Ал кыргыз кыз-келиндеринен чыккан алгачкы министрлерден дагы.

Кыргыз ССРинин улуттук коопсуздук органын жетектеген 1-кыргыз Жумабек Асанкулов. Ал кыргызстанда аскердик чалгын структурасын 1-болуп уюштурган, Москвадагы КГБнын Жогорку мектебин 1-бүткөн кыргыз, “СССР коопсуздук кызматынын ардактуу кызматкери” наамын да биринчилерден болуп алган.

1990-ж. Кыргыз ССРинин тарыхында 1-болуп компартия доорунда альтернативдик негизде элдик шайлоо менен Көкжаңгак шаардык компартиянын 1-катчылыгына Курманбек Бакиев шайланган.

1992­ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк фондусу түзүлгөн. 1­төрагасы Абдыжапар Тагаев Абдыкаарович.

 

Кыргыз элчиликтери

• 648­ж. июлда Кытайга кыргыз элчилиги баргандыгы жөнүндө маалымат бар.

• Тарых маалыматтарына таянсак кыргыздардын Енисей доорундагы элчиси 38 жаштагы Эрен Улуг болгон. Ал кыргыз ажосу Барсбектин тапшыруусу менен 711-ж. Тибет ханына элчиликке барган, бирок андан кийинки тагдыры белгисиз боюнча калган.

• Кытайга барган алгачкы кыргыз элчилиги жөнүндө бизге так маалымат 1758­жылга тиешелүү. Ушул жылы Черикчи бий Темир уулу жетектеген кыргыз элчилери Пекинде Кытай императорунун кабыл алуусунда болуп, алардын бийлигин тааныгандыгын ооз жүзүндө билдиришкен жана согуштук жөнү менен таанышып кайтышкан. Кытай императору Черикчи бийге 3­даражадагы чиндик белги ыйгарган.

• Соңку кылымдагы кыргыз элинин алгачкы дипломаты, эл аралык мамиле ырашкерлигинин негиздөөчүсү — Кыдыр аке.

• Орусияга 1­кыргыз элчилигин 1785­ж. сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр Тынай уулу орус императору Екатерина ҮҮге жиберген. Элчилердин башчысы Абдырахман Алкучак уулу (чын аты Карыганбай) болгон. Элчилерди Орусия борбору Санкт­Петербургда 1786­ж. 15­мартта Екатерина ҮҮ салтанаттуу кабыл алган. 18­кылымда кыргыз дипломатиясына чыйыр салууга алгачкы аракеттерди жасаган Атаке баатыр орус мамлекети менен байланышты чыңдоону көздөп 1788­ж. Омбу шаарына дагы бир ирет элчилерин жиберген. 1789­ж. 2­январда Абдырахман Алкучак уулу баштаган кыргыз элчилери Омбу шаарына келишкен.

• Ысыккөл өрөөнүнөн Орусияга барган 1­кыргыз элчилигин 1813­ж. 21­ноябрда бугу уруусунун бийлөөчүлөрү жөнөткөн. Качыбек Шералы уулу, Жакыпбек Ниязбек уулу баштаган элчилер 1814­ж. 5­январда Семейге келишкен. Тобольск шаарында Батыш Сибирдин генерал­губернатору элчилерди кабыл алган. Алардын Петербургга баруу жана Орусия императоруна жолугуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Элчилерге орус армиясынын капитаны чини берилген.

• Кыргызстандын Москвадагы туруктуу өкүлдүгү 1924­ж. декабрда уюштурулган. Биринчи өкүлү Т. Токбаев болгон. Кыргыздан чыккан алгачкы элчилердин бири Закон Турдукулов, ал 1955-ж. элчи болгон, чет тилин билген 1-кыргыз адиси.

• Совет мезгилиндеги дипломатиялык кызмат расмий түрдө 1944-ж. башталган. Ушул жылы Кыргыз ССР Тышкы иштер эл комиссары уштурулуп, К.Дикамбаев комиссар болуп дайындалган.

• 1958­ж. 21­ноябрда Кыргыз ССРинин чет өлкөлөр менен достук жана маданият байланыш коому уюшулган.

• Алгачкы кесипкөй кыргыз дипломаты — Талгарбек Сарбанов. Ал 1957-60­ж. Москвадагы дипломатиялык академияда окуп, 1960­ж. БУУдагы СССРдин өкүлчүлүгүнө жиберилген. 1961­жылдан Мексикада иштеген. Т. Сарбанов АКШда, дегеле Америка континентинде кызмат өтөгөн алгачкы кыргыз.

• СССР кулагандан кийин Кыргыз Республикасы кирген жаңы союз КМШ (Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги) деп аталып, 1991­ж. 21­декабрда түзүлгөн. Ал күнү Алматы декларациясы кабыл алынып, анда өз ара кызматташууга мурунку СССРдин курамынан бөлүнүп чыккан эгемендүү 9 мамлекет кол койгон.

• Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигин 1­болуп 1991­жылдын 27­декабрында АКШ тааныган.

• 1992­жылдын 1­февралында Орто Азиянын жана Кыргызстандын тарыхында 1­жолу Бишкекте АКШнын жана Вашингтондо Кыргыз Республикасынын элчилиги ачылган. Бул республикадагы 1­дипломатиялык өкүлчүлүк болгон. Ушул эле жылы Кытайдын, Германиянын, Россия Федерациясынын элчиликтери иштей баштаган.

• 1992­жылдан тартып КР эларалык абройлуу уюмдарга тең укуктуу мүчө боло баштады. 1992­ж. 30­январда ОБСЕге мүчө болгон. 2­мартта тарыхта 1­жолу БУУнун (Бириккен Улуттар Уюму) мүчөлүгүнө кабыл алынып, ошол эле күнү БУУнун Нью­Йорктогу имаратынын алдында Кыргызстандын мамлекеттик желеги илинген.

• 1998­ж. 14­октябрда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 1­болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун 131­мүчөсү болуп кабыл алынган.

 

Кыргыз жергеси

• Алгачкы таш дооруна (800-140 миң жыл илгери) таандык эң адепки таш куралдар Түндүк Кыргызстандын аймагынан табылган.

• Ортоңку таш дооруна (140-40 миң жыл илгери) таандык адамдардын алгачкы тургун жайларынын бири Чүй өрөөнүнөн табылган. Чүй дарыясынын оң жээгиндеги Чулу адырында мустье маданиятына (100-40 миң жыл илгери) таандык тургун жай иликтенген. Андан 4 миңдей таш куралдар табылган.

• Кыргызстандагы Андронов маданиятына таандык эң байыркы тургун жай Чүй боорундагы Ак­Суунун жанынан табылган (б.з.ч. 15-13­к.).

• Саймалы­Таш эстелиги археолог А.Н.Бернштамдын божомолунда б.з.ч. 21­жылдарда пайда болгон. Андагы сүрөттөр 120 миңге жетет. Саймалы­Таш жөнүндөгү 1­кабарды 1903-04­ж. орус офицери, аскер топографы Н.Г. Хлудов жергиликтүү элден угуп, илимпоздор чөйрөсүнө маалымдаган. Мындай сүрөттөр азырынча дүйнөнүн башка жерлеринен кездеше элек.

• Азыркы кыргыз жергесинин аймагындагы эң байыркы мамлекет — Түрк кагандыгы (552-744). Ал Түндүк Кытай, Борбордук жана Орто Азия аймактарын ээлеген. Аны Бумын каган 555­ж. негиздеп, Борбордук Азиядагы түрк элдерин бүт каратып алган.

• 7–8-кылымда Орто Азияга арабдар басып кирген. 741-ж. кытайлар Миң-Булактагы түрктөрдүн Карлук кагандыгын сыртка сүрүп чыгарган. Карлуктар менен арабдар биригип Таласта кытай армиясын талкалашкан.

• Ысыккөл жөнүндөгү эң алгачкы маалымат байыркы грек астроному К. Птолемейдин жана кытай саякатчысы Чжань Цзяндын эмгектеринде кездешет. “Ысыккөл” деген аталыш 1­жолу 936­ж. жазылган белгисиз автордун “Худудал­Алам” аттуу эмгегинде жолугат. Ысыккөл ага чейинки эмгектерде “Ян­Шай”, “Хан­Хай” (“Туздуу көл”), “Хе­Хай” (“Жылуу көл”), “Тяньчи” (“Толтура көл”), “Жити­Көл”, “Тускөл­Нор” ж.б. деп аталып келген.

• Араб авторлорунун ичинен Кыргызстандын тарыхына тиешелүү эң алгачкы кабар Тамим ибн Бахрдын (ал 9­кылымдын 1­жарымында жашаган) күндөлүгүндө кездешет. Ал 808­ж. Чыгыш Түркстанга жасаган саякатында Ысыккөлдүн жээгинде Жогорку Барскандын аймагында 8 шаар жайгашкандыгын жазган.

• Алгачкы араб географтарынын бири Ибн Хордадбек (820-912) Кыргызстандын түштүгүндө Куба, Ош, Өзгөн, түндүгүндө Атбаш, Барскан шаарлары болгонун, Боом капчыгайы аркылуу өткөнүн жазып, түрк элдеринин тизмесинде кыргыздарды да атаган.

• Энциклопедиячы­окумуштуу Махмуд Кашгари “Диван лугат­ат­турк” (“Түрк тилдеринин сөздүгү”) аттуу эмгегинде (1075) өзү түзгөн дүйнөнүн картасын тиркеген. Анда 1­жолу Ысык­Көл, Борбордук Теңир­Тоо системасы, Баласагын, Барскан шаарлары көрсөтүлгөн. Барынан кызыгы Ысык­Көл картанын борборуна келтирилген.

• Борбордук Азия өлкөлөрүн, анын ичинде Кыргызстанды 1200­жылдары Европага ачкан итальян саякатчысы Марко Поло болгон. Ал 1­жолу Европага жол ачкан. Кыргызстанды Улуу Жибек жолундагы керемет чөлкөм катары жазган.

• 1211­ж. Тянь­Шанда монгол­найман ханы Күчлүктүн бийлиги орногон.

• 1390­ж. Чүй өрөөнүндө Тимур мамлекети орнотулган.

• Артиллериянын капитаны Иван Унковский 1723­ж. Петр Үнин тапшыруусу менен Жунгариянын ханы Цевен Рабтанга элчиликке келген. Ал Ысыккөлдүн чыгышы аркылуу өткөн. Өткөн жолун картага түшүргөн. Географтардын пикири боюнча бул карта Кыргызстандын аймагындагы географиялык обьектилерди кеңири көрсөткөн Европадагы 1­карта болуп эсептелет.

• Ысыккөл, Тянь­Шань сырттарынын табиятын, кыргыз тарыхын, этнографиясын, рухий жана материалдык маданиятын алгачкылардан болуп казак илимпоз­энциклопедиячысы Ч.Ч.Валиханов (1835-1865) изилдеген. Ал Ысыккөлдүн көрүнүшүн жана өрөөндүн табиятын чагылдырган сүрөттөрдү тарткан. Ал кыргыз эли, “Манас” эпосу жөнүндө дүйнөгө маалымат берген 1­окумуштуу болуп эсептелет.

• Ысыккөл жөнүндө алгачкы илимий эмгекти орус географы жана ихтиолог, академик Лев Семёнович Берг (1876-1950) жазган. Ал “Озеро Иссык­Куль” деп аталып, 1904­ж. жарык көргөн.

• Ысыккөл дүйнөдөгү бийик тоо көлдөрүнүн ичинен Америкадагы Титикака көлүнөн кийинки 2­орунду (деңиз деңгээлинен 1607,8 м бийиктикте), ал эми тереңдиги (эң терең жери 702 м) жана суусунун көлөмү (1738 км3) боюнча 1­орунду ээлейт. Көлдүн жалпы аянты 6232 км2, узундугу 178 км, туурасы орточо 60 км.

• Орус зоологу жана зоогеографы Николай Алексеевич Северцовго Тянь­Шанды, анын жаныбарларын изилдегендиги — ”илимий майдандагы айрыкча эмгеги” үчүн диссертация жактатпастан эле Москва университетинин зоология доктору наамы ыйгарылган.

• Көчмөн уруулардан 1-болуп оттук ташты энесайлык кыргыздар табышкан экен.

 

Табышмактуу жерлер

Кыргызстанда эң эле кызыктуу, табышмактуу, сырдуу, таң калыштуу жаратылышка ээ болгон жерлер да көп.

• КРдеги эң кызык жер Баткенде. Мындагы Кыштут деген жерде кышында бир ай, жайында бир ай күн тийбейт.

• Аксуу районундагы Теплоключенка айылынан 6 км аралыкта Алтын­Арашан деген кичинекей көлмө бар. Анын айланасында кышында да ар түрдүү гүл өсүп турат.

• Кан­Теңир тоо тоомунун батыш капталында, Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этегинде Кептештин көлү (бул илимде Мерцбахер көлү делет) деп аталган бийик тоо көлү бар. Узундугу 2-3 км, туурасы 1,1 км, аянты 4 км2 , тереңдиги 60-70 м. Деңиз деңгээлинен 3304 м бийиктикте. Байламтасы мөңгү менен тосулуп, андан омкорулган муз сыныктары көл үстүндө калкып жүрөт. Эңкейиш жагы жайдын акыры-күздүн башталышында жырылып, суусу Эңилчек дарыясына куюлат. Көлдө чөөттөр гана калат. Бул учурда дарыя ташкындап, ал 7-10 күнгө созулат. Бул күндөрү дарыянын өлчөмү 700 м/секундага жетет. Сууга толбогон жылдары көл жырылбай калган учурлар да болот.

• Ысыккөлдөгү Жыргалаң шахтасынын аймагы республикада эң нымдуу жер. Мында жаан­чачындын орточо көп жылдык өлчөмү 850-900 мм.

• Кыргызстандагы эң катуу шамал — Боом капчыгайынан чыгып, Балыкчыдан 30-40 км чыгышка чейин жетүүчү Улан шамалы. Өтө катуу соккондо 40 м/секундадан ашат. Ал эми Санташ ашуусунан башталып, көлдүн чыгыш акваториясына чейин жетүүчү (Уланга карама­каршы чыгыштан батышты карай) Санташ шамалы өтө катуу соккондо 30-35 м/секундага чейин жетет.

• Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында Аракөл деген чөйчөктөй көл бар. Узуну 1,5, туурасы 1 км. Суусунун көлөмү 3 млн м3. Бул көл космостон спутниктин изилдөө микросхемасына тартылып калган. Ал схемага айрым маанилүү жерлер, кендер, көлдөр гана тартылуу күчү менен түшүп калат экен. Мындай схемага Ысыккөл, Соңкөл, Чатыркөлдөр да түшкөн эмес. Көлдүн үстүндө 4-5 үйдүн ордундай саз болуп, ал шамалдын ыгына карата жылып жүрөт. Ал саздын үстүнө отуруп алып, балык кармагандар да болот. 1980­жылдардын орто ченинде Дүйнөлүк суу жана суу ресурстарын изилдөө институтунун кызматкерлери атайын Москвадан келип, космостон кандайча микросхемага тартылып калганын изилдеп кетишкен.

• Кыргызстанда кышкысын да кар жатпаган эң шамалдуу жер Кочкор району. Кочкорду өрдөп баргандагы Кызарт, өөдөлөгөндөгү Каракол, бет маңдайындагы Сөөк өрөөндөрүнөн соккон шамал Кочкорго кашык кар калтырбай сапырып кетет. Ошондон бул жер “кар жатпас кара Кочкор” аталып келет.

• Таластын Көксай айылынан Манас тоосун карай 2-3 км жерде, жолдун боюнда алачыктай чоң таш жатат. Жергиликтүү эл муну «Ажыдаар таш» деп аташат. Үстү оюк. Оюктун көлөмү 50-60 метрлик чоң казандай. Ичине кар, жамгыр суусу түшүп, жыл мезгилине жараша суу өңүн өзгөртүп турат. Ушул суу менен жуунса тери оорулары (котур, чакалай, аллергия, диатез, сөөл, жара) сен көр, мен көр айыгат дешет.

• 1970­жылдарда Кадамжай районундагы Хайдаркан айылына жакын жерден табылган минерал Хайдарканит деп аталган. Бул заттын өңү кызгылт. Курамында титан, күмүш, сурьма, жез ж.б. заттар бар. Химиктердин айтымында мындай минерал башка эч бир жерден кездешпейт.

• Геология-минералогия илимдеринин кандидаты Делвес Жээнчороев Нарын облусунун аймагынан жаңы минерал тапкан. Ага Акаевин деген ат коюлган. Ал минералдардын кобальт монтморилонит тобуна кирет. Көк түстөгү ири минерал. Д.Жээнчороев алгачкы аскер кызматкерлеринин бири Жамангул Жээнчороевдин уулу.

• Аксынын Кечүү деген айылынын тоосунда жайгашкан Койташ кенинде “упа таш” деген таштар бар. Башка жерде кездешпейт. Фарфор буюм жасоого пайдаланылат.

 

Сейрек, жаңы өсүмдүктөр жана жаныбарлар, жаңы породалар
 
• Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1976­жылдын 10­майындагы токтому менен 1­жолу Кыргызстандын Кызыл китеби түзүлүп, 1981­жылдын 13­апрелиндеги токтому боюнча ага катталуучу өсүмдүктөр менен жаныбарлардын тизмеси бекитилген (Кыргыз жергесинде өсүмдүктүн 4,5 миңдей түрү өсөт, анын 600дөйү дары чөптөр). Кызыл китепке өсүмдүктүн 65, курт­кумурсканын 18, канаттуунун 33, сүт эмүүчүлөрдүн 13, балыктын 2 түрү киргизилген. Алардын ичинде өтө азайып же жок болуп бараткан анардын байыркы сорту, мандалактын сейрек учуроочу түрү, бүркүт, шумкар, аюу, элик, марал, илбирс ж.б. бар.

• Баткендин “Айгүл тоо” тоосунда “Айгүл” деген өтө кооз гүл өсөт. Мындай гүл Кыргызстандын башка жеринде өспөйт, ал түгүл дүйнө жүзүндө эки гана жерде-Канадада жана Афганстандын айрым жерлеринде гана өсөт экен. Илимде бул гүл “Рябчик Эдуарда” деп аталат. Ай тийип турган учурда гана гүлүн ачат. Уругу менен көбөйүп, жети жылдан кийин гана өсүп чыгат, дагы 7 жылдан кийин 1 гана гүл, кийинки жылы 2, ошентип жыл сайын бирден гүл кошуп турат. 28 гүл ачкан Айгүл гүлүн көргөндөр болгондугун айтышат. Апрель-май айында гүлдөп, аны көргөн адамдар бактылуу деп эсептелишет.

• Марко Поло жана Карелини аркар-кулжасы Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнө табиятында да сейрек кездешет. Алар Аксай өрөөнүндө байырлашкан. Мындагы “аркар оту” деп аталган чөп дагы сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдөн.

• Жергиликтүү кыргыз жылкысы менен дон жана таза асыл тукум минги жылкыны аргындаштыруудан 1-жолу 1954-ж. порода катары жаңы кыргыз жылкысы алынган.

• Жүгөрүнүн “Манас” деп аталган гибриди Кыргызстандан башка эч бир жерде жок. Биздин шартта 200 центнерден кургак дан берет. Бул дүйнөлүк рекорд болуп эсептелет.

• Республикада жаңы чарбаны-африкалык төө куш (страус) өстүрүүнү 1­баштаган Іркүнбек Жуматаев. Ал Панфилов районунун Вознесеновка айылында төө куш фермасын түзгөн. Төө куш 1 жылда эле 90-110 килограммга жетет, жылына 80дей жумуртка тууйт, жумурткасынын салмагы 2,3-2,8 кг. 30-35 жыл жашайт.

• Гезиттик маалымат боюнча 1997­ж. Нарын облусунун Ташбашат айылынын тургуну Төлөбай Мамбетовдун кою бөтөнчө козу тууган. Анын бир капталында “Алла”, экинчи капталында “Мухаммед” деген жазуу болгон. Бирок козу узак жашаган эмес. Ушундай эле жазуусу бар козу 2006-ж. январда Курбан айт учурунда Бишкектин «Актилек» конушунда жашаган Абдибахап Матубраимовдун үйүндө да туулган.

• Ош облусунун Карасуу районундагы Жоош айыл өкмөтүндө жергиликтүү фермер К.Карабаев койдун “Кактус” деген породасын көп жылдык селекциялык иштердин натыйжасында алган. Негизинен кызыл түстүү, жүнүнүн узундугу 17-25 см, башка тукумдагы койлордон салмактуу (2001).

• 2005-жылдын июль айында Жалалабат облусунун Алабука районунун тургуну Турсунбай Абдуллаевдин ую эки баштуу торпок тууган. Ветеринария департаментинин билдирүүсү боюнча Алабукада ушуну менен 2-жолу 2 баштуу торпок туулган.

• 1911-ж. Кеминде болгон зилзала (жер титирөө) 11 баллдан ашып, дүйнө тарыхындагы сейрек кездешчү табият ааламаты болуп эсептелет экен.

 

Дүйнөлүк Гиннесс китебине киргендер

“Гиннесстин рекорддор китеби” бүгүнкү күндө англис тилинде 40 өлкөдөн чыгарылат жана 30 тилге которулат. Ал китепке кыргыздардан төмөнкүлөр кирген:

• Дүйнөдөгү эң узун поэма – кыргыз элинин “Манас” эпосу болуп эсептелет. Ал 1958-ж. жарыяланган, 500 миң саптан турат.

• Кыргыздардан эле эмес, Борбордук Азия республикаларынын ичинен чыккан 1-каскадер – Үсөйүн Кудайбергенов (1949-2005). Ал СССРде эле эмес, дүйнө жүзүндө кайталангыс трюктарды жасаган. Каскадер катары көптөгөн фильмдерде тартылган. “Улуу Петр”, “Бабек”, “Борис Годунов”, “Али Баба жана кырк каракчы”, “Ярослав Мудрый” ж.б. фильмдерди тарткан режиссер дагы. Ал «Юность гения» аттуу өзбек фильминде 27 м бийиктиктеги жерден ат үстүндө 1,5 м тереңдиктеги Сырдарыяга секирип трюк жасаганы үчүн Гиннесс китебине кирген. Голливуд киностудиясынын эксперттеринин мыкты каскадер деген баасын алып, 1980-ж. дүйнөдөгү эң мыкты 10 каскадердун бири болгон. Каскадерлордун «Ардактуу куру» сыйлыгын алган.

• Буту менен жаа атып, атканда да көзгө атар мергендей даана атып Гиннесс китебине кирген циркач кызыбыз Аида Акматова (20 жашта, 2007).

• 2007-ж. 14-майда Япониянын Ниигата шаарындагы Япония эларалык университетинин 50 студенти (50 мамлекеттин өкүлдөрү, балдар-кыздар аралаш) мончонун буу бөлмөсүнө чогуу кирип, 720 ысыктыкта 1 саат отурушкан. Ошентип алар Гиннесстин рекорддор китебине жазылышкан. Алардын арасында кыргызстандык Ташболотов Турдакун деген мекендешибиз болуп, ал Кыргызстандын кичинекей желегин оозуна тиштеп отурган.

 

Кыргызстандын рекорддору

 

Алп адамдар

Эл оозунда байыртадан эле алп адамдар болгондугу жөнүндө айтылып келет. Алсак, Манас, Кошой, Семетей, Сейтек ж.б. эпос каармандары, уламыштагы Ажымоолук сыяктуулар алп адамдар катары сүрөттөлөт. Ал эми кийинки эле мезгилде жашап өткөн тарыхый алп адамдар да бар. Алардын айрымдары төмөнкүлөр.

• Эң зор жана узун бойлуу кыргыз 16­кылымда жашаган алп Тобок. Анткени анын бою бизге жеткен маалымат боюнча 4 метр болгон. Ат көтөрө албай өмүр бою жөө жүргөн. Ал акталаалык Жанболот баатырдын иниси, Тайлак баатырдын бабалары болгон. Жанболот Кытайга туткунга түшүп калганда Тобок кыргыз жергесинен Пекинге чейин жөө барып бошотуп келген.

• Элдин айтымында Нарын өрөөнүндө жашап өткөн Кыдыралы балбан да зор адам болгон. Ага тогуз койдун терисинен тон тигишчү экен. Жоголгон улак анын кепичинин ичине жатып алып, кепичтин таманына салынган чөптү кепшеп жатканда табылганы аңыз катары айтылат.

• Кадимки Төрөгелди баатырдын да алп адамдардан болгондугу жөнүндө азыноолак маалыматтар бар.

• Журналист Абдимуктар Абиловдун жазганына караганда алп кыргыздардын бири ноокаттык Токсонбай балбан болгон. Ал Кокон хандыгынын тушунда жашап, Кокон ханынын беш жыл камалып турган көк букасын жеңген, андан кийин хан ордосунда балбан болуп көп жыл кызмат өтөгөн. Эл арасында турганда бою көкүрөктөн өйдө чыгып турчу экен.

• Кожомкул Каба уулу (1888-1955) кыргыз, казак элине атагы чыккан балбан. 47 жашында салмагы 165 кг, боюнун узундугу 2 м 36 см, манжаларынын узундугу 25 см, баш бармагынын диаметри 4 см болгон. 52­өлчөмдөгү өтүк кийген. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 кг чамалуу өгүздү жаракадан сууруп чыккан. Элге “Кожомкулдун ташы” деген ат менен белгилүү таштын салмагы 635 кг, аны Суусамыр өрөөнүндөгү Арамза төрүнөн 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген. Төө­Ашуудан атын өзү көтөрүп өткөнү, лом темирди ийип, ат таканы колу менен кысып сындырганы эл ичинде аңыз катары айтылат. КР күрөш федерациясы 1962­ж. эркин күрөш боюнча Каба уулу Кожомкул атындагы байге белгилеген. Ал мелдеш жыл сайын өткөрүлөт. 1­чемпиону — күрөш боюнча СССР спортунун 1­чебери, самбо күрөшү боюнча 1­чемпион болгон, спорттун эл аралык класстагы чебери, эл аралык категориядагы машыктыргыч Бараканов Кары.

• Тогузторолук балбан Кыдырша уулу Абдыманаптын (1909-67) бою 2 метрден ашык, салмагы 130 кг болгон. Журналист Б. Орунбековдун изилдөөсү боюнча Абдыманап балбандын чепкени Кыргызстандын тарых музейинен Италияга, андан Финляндияга сатылып, дүйнөдөгү алп адамдардын кийимдери турган музейге коюлган.

• КТ гезити 2002-ж. № 71 санына азыркы кездеги эң алп кыргыз катары акталаалык Турусбек Шыгаевди атаган. Салмагы ошол учурда 150 кг болгон.

 

Чыдамкай, өжөр жана өзгөчө

• Эң чыдамкай кыргыз — Балбай баатыр (Балбай Эшкожо уулу, 1791-1867). Ал жоого чыгаарда кургатылган уу коргошунду чайнап, артынан канжыгадагы чалабынан жутуп алчу экен. Кийин Алматы түрмөсүнө түшүп, эң күчтүү ционист кальций уусун тамагына салып беришкенде да өлбөй койгон.

• Жазуучулардан макал­лакап, салт­санааны жакшы билген, эң көлөмдүү роман, арифметика боюнча 1­окуу китебин жазган (1932­ж. чыккан “Эсепти чыгаруу жолдору жана бөлчөктөр” деген китеби математика боюнча кыргыз тилиндеги алгачкы китептерден), артист, эң чыдамкай (темир ядро мурдуна тийип жалпайып калган мурдун карандаш менен өзү түзөтүп алганы, буту кызыл ашыгынан чыгып кеткенде бутун казыкка байлап силкип ордуна келтиргени айтылып жүрөт) жана уста да болгон Касымалы Жантөшев. Анын усталык өнөрү жөнүндө акын Эрнис Турсунов төмөнкүчө жазат: “Касыкеңдин балконунда же кампасында дайыма сүрсүгөн чүйгүн эт илинип турганын көрчүбүз. Атасы баба дыйкан болгондуктанбы, кыргызга керектүү аспаптар: чоткерки, орок, бүлөө, өгөө, кайрак, чарапзал, аттиш, кычкач, балка, көзөө салынган көмүркөйү да болор эле. Ал ат жабдыктарын жасачу: жүгөн, басмайыл, куюшкан, камчы өрчү. Машина тикчү, маасы ултарчу. Койдун ичегисинен комузга кыл сыдырчу. Жыгач да кармачу” (ЛЖ, 1989, 25­ноябрь).

• Ат спорту боюнча эмгек сиңирген машыктыргыч, саяпкер, коомдук ишмер, ырчы­аткаруучу Ашыралиев Кемел Жакешович аяздуу күнү да агып жаткан шыргалаң сууга түшүүнү адатка айландырып, сууга түшүү узактыгын 10 мүнөткө чейин жеткирген (1998, январь). Кыштын кычыраган суугунда да муздак сууга түшүүнү жазуучу, журналист Айбек Түмөнбаев да адатка айландырган.

• Эң эле басаанак адам — жеңил атлетиканын эки түрү (лыжа жана чуркоо) боюнча спорт чебери, эмгек сиңирген машыктыргыч нарындык Төлөн Насырбеков. Ал “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата 1995­ж. 21­апрелде Бишкектен жөө жүгүрүп чыгып 7­июнда Стамбулга, 1997­ж. Стамбулдан Мекеге барган. Кийин Нарындан чыгып, Чүй, Көлдү айланып Таласка келген. 1998­ж. кышында Ош шаарынын 3000 жылдыгына карата лыжы менен Нарындан Ошко барган. Нарын-Бишкек-Чымкент-Ташкент, Бишкек-Астана ж.б. көптөгөн жүрүштөрдү уюштурган жана өзү катышкан. 1995-98­жылдардын аралыгында эле ал 13 миң чакырымдан ашык жолду расмий түрдө жөө чуркап өткөн.

• Бир чака ташты кулагына илип алып кебелбей көтөргөн — классикалык күрөш боюнча спорт чебери Алым Ажыматов. Ал талкаланган айнекти жылаңайлак ылай тепсегендей эле тебелейт. Ыр да жазат.

• Байыркы Индия йогдорунун ыкмасын өз алдынча үйрөнүп бийиктиги 18 см, узун­туурасы 45 х 50 см чемодандын ичине жыланча оролуп батып кеткен кыз — Гүлзат Туксариева. Салмагы 58 кг. Ал күнүнө 41 сөөлжанды тирүүлөй жегенди, айнек, мыктын үстүнөн басканды, муздак сууга кирингенди адатка айландырган. Кайнак сууга жуунганга да машыккан (1999).

• Кыргыз элинде Чөп акын деген болгон. Ал чөптүн түрлөрүн, кайда өсөөрүн, качан гүлдөөрүн, кайсы чөп кандай дартка дабалыгын, качан терүү керектигин, айтор жалаң чөптүн образын ачып, өмүр бою чөптү ырдап, чөп жөнүндө ырларынын четин оёлбай кетиптир. Ушундан улам ал Чөп акын деген элдик наамга арзыса керек (азандагы аты башка болгону айтпаса да түшүнүктүү). Ошондой эле “жалаң үйдүн борумун жарым күнү ырдаган” Жайсаң ырчы, жандуу, жансыздардын жашоосу суу менен байланышкандыгын, суусуз тиричилик жоктугун таасын чечмелеп, “жети күн бир түн айтса да, түгөнбөгөн аккан суу” жөнүндө, шамалды философиялык дил­туюмдун элегинен өткөрүп жалаң шамал жөнүндө да узак ыр калтырган Жеңижоктой (Өтө Көкө уулу) алп акындар да арабыздан өткөн.

• Ак­Талаа районунун Ак­Кыя кыштагында жашаган Калынур Иманалиева (1972­ж.т.) өзгөчө касиетке ээ. Сол колу шишик баскандай көрүнөт. Бирок, ошол колунда тубаса биоток көп экендигин приборлор көрсөткөн. Суукту сезбей колу жылуу жүрө берет. Кашык, бычак, айрылар колуна магнитке тартылгандай эле жабышып калат.

• 1995­ж. июлда Караколдо 2 баштуу кыз бала төрөлгөн (операция жолу менен). Кошумча башы көкүрөгүнөн өсүп чыккан. Салмагы 4 кг 600 г болгон. Наристе ошол замат чарчап калган.

• Кыргыздардан 1-жолу өзүн өзү нобель сыйлыгына көрсөткөн химия илимдеринин доктору Абди Акбаев. Ал илимге жаңылык киргизген КММН, КМН, Гетас, анидсалфен ж.б. дарыларды ойлоп тапкан. Москвадагы Войков атындагы химиялык заводдон 45 кошулмасы чыгууда. Өзү белгилүү обончу дагы.

• Айтылуу каражаак Калык ырчы айтышта эч кимден жеңилбептир.

• Өзгөчө өнөргө ээ – Азат Шамшиев. Ал табиятынан оймочулук касиетке ээ, адамдын, жаныбарлардын ж.б. сөлөкөттөрүн адегенде чийип-сызбастан дароо эле дал өзүндөй кылып кагаз, картон, кездемеден кыркып алат. Улуттук көркөм сүрөт академиясынын 9-классында окуйт (2007). Кочкората шаарчасында туулуп-өскөн.

• “Айкөл Манас” дастанын алгачкы манасчы Жайсаң Үмөт уулунун арбагынын жардамы менен жазып жаткан өзгөчө касиетке ээ – Бүбү Мариям Муса кызы. Жайсаңдын бир нече китеби жарык көрүп, чоң кызыгуу жаратууда. Мындай акылга сыйбас керемет окуяга туш болгон Бүбү Мариям жөнүндө жазуучу Жумадин Кадыров китеп жазган (2007).

 

Эң байыркы

• Илимпоздордун пикири боюнча кыргыз тили — түрк тилдеринин эң байыркысы.

• Кыргызстанда эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң байыркы шаар — Ош. 2000­ж. анын 3000 жылдыгы белгиленген. Демек, ал байыркы Рим менен жашташ.

• Тарыхчылардын маалыматтары боюнча Кыргызстандын түндүгүндөгү эң байыркы шаар — усундардын борбору Чигу шаары (б.з.ч. 40­жылдар чен). Ал Ысыккөлдүн алдында калган. Ал эми жазуучу Орозбек Айтымбетов Чигу ш. Ысыккөлдө деген пикирди жокко чыгарып, ал калаа Турпан ойдуңундагы Айдыңкөл деген чакан көлдүн жээгинде болгонун далилдейт.

• 1999­жылы күзүндө Чолпонатадагы автовокзалдын жанына курулуп жаткан кафенин курулушчулары адам сөөгүн табышкан. М.Чолпонкулов менен Ч.Жуманазованын билдирүүсү боюнча аны республикалык тарых музейинин байыркы орто кылым тарыхы боюнча адиси Темирлан Чаргынов изилдеген. Бул өтө баалуу тарыхый табылга илимий изилдөөдөн кийин б.з.ч. 1000 жылдыктагы адамдын сөөгү деп табылган жана тарых музейине алып келинген.

• Кымыз жөнүндөгү эң байыркы маалымат Игнатьев жылнаамасында кездешет. Анда князь Игорь Северский тоолуктардын туткунунан аны кайтарган жоокерлер кымыз ичип уктап калганда качып чыкканы айтылат. 1245­ж. Батый хан князь Галицкийди кымыз менен сыйлагандыгы жөнүндө да маалымат бар. Белгилүү европалык саякатчы Марко Поло 13­кылымдын 2­жарымында Орто Азияны кыдырып баргандан кийин кымызды ак шарап деп жазган.

 

Эң жаш

• СССР Жазуучулар союзуна – 18 жашында Кыргызстандан Давид Кугильтинов, Эргешпай Узакбаев кабыл алыныптыр, ал эми 19 жашында кабыл алынгандар Кусейин Эсенкожоев (1939), Абдылда Белеков (1947), 10­класстын окуучусу Байдылда Сарногоев (1951) болуптур.

• Алгачкы кыргыз фантасты Кусейин Эсенкожоевдин “Саякатчы бала” 1937­ж., “Родинанын уулу” жана “Ічүнчү шар” деген эки китеби 1938­ж. жарык көргөн. 17-18 жашында катары менен эки жылда үч китеби жарык көргөн жазуучу азырынча кыргыз жазма адабиятынын тарыхында кездеше элек.

• Акын Тенти Адышева Кыргызстан ЛКЖС БКнын катчылыгына 18 жашында (1938­ж..) шайланган кыргыз кыздарынын алгачкы өкүлү.

• Кыргыз кыз­келиндеринен эң жаш министр болгон Күлүйпа Кондучалова. Ал 22 жашында маданият министри болгон. 40 жыл бою кызматтык номенклатурадан түшпөй, аялдардын ичинен абсолюттук рекорд койгон. Ал көптөгөн жооптуу кызматтарда да эң биринчи иштеген аялзаты. Ал эми жигиттерден Алиаскар Токтоналиев 24 жашында министр болуптур.

• Эң жаш кезинде окумуштуулук даражага жеткен Салмоорбек Табышалиев. Ал 23 жашында илим кандидаты, 25инде Кыргызстан Ленин комсомолунун катчысы, 32синде республикадагы жалгыз университеттин ректору болгон (аны 17 жыл башкарган). Ал эми азыркы миллардерлердин бири Александр Машкевич (1954-ж. Бишкекте туулуп, көп жыл жашаган, азыр Казакстанда) 27 жашында филология боюнча илим кандидаты болгон.

• Кыргыздардан ичинен эң эрте курагында илим доктору болгон Жумабеков Сабырбек Артисбекович. Ал 1995-ж. 31 жашында медицина илимдеринин доктору болгон. Ал эми Урманбетова Жылдыз Карыбаевна да 1997-ж. 31 жашында философия илимдеринин доктору болуптур. 32 жашында Матыев Эркинбек Сагыналиевич (биология илимдеринин доктору, 1991), Шаимбетов Бакыт Орозбекович (медицина илимдеринин доктору, 1995), 33 жашында Турсунов Кубанычбек Жаныбекович (техника илимдеринин доктору, 1993) илим докторлору болушкан.

• Эң эрте куракта Матиев Эркинбек Сагыналиевич 33, Иманалиев Мурзабек (математик) 34, Сулайманкулов Какин (химик), Жакыпова Чынара Шаршеевна (тарыхчы) жана Мамытов Аман (топурак таануучу) 35 жашында профессор наамын алышыптыр.

• Кыргыз Улуттук ИАнын корреспондент-мүчөлүгүнө эң жаш курагында: 34 жашында Исабаева Валентина Абдылдаевна (медицина илимдеринин доктору), Керимжанова Бүбү Дыйканбаевна (филология илимдеринин кандидаты), 39 жашында Табалдиев Асанбек (философия илимдеринин доктору), Оторбаев Жоомарт Кайыпович (физика-математика илимдеринин доктору) шайланышкан.

• КР УИАга эң эрте курагында академик болгондор: 34 жашында Мамытов Аман (айыл чарба илимдеринин доктору), 38 жашында Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович (техника илимдеринин доктору), 40 жашында Эркебаев Абдыганы (филология илимдеринин доктору).

• Эң жаш диктор болгон — Сакин Бегматова. Ал 1934­ж. Бишкек педокуу жайында окуп жүргөндө радиодо штаттан тышкаркы диктор болуп иштеген (14 жашында), 1938­ж. эң мыкты штаттан тышкаркы диктор катары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган (18 жашында). Кийин 1961-80­ж. 19 жыл бою Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Алгачкы кыргыз дипломат кыздарынын бири.

• Кыргыз дипломатиясынын тарыхында эң жаш элчи болуу рекордун Эрлан Бекешович Абдылдаев койгон. Ал 35 жашында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган (2001). Кыргыз, орус, англис, кытай тилдерин мыкты билет. Адистиги кытаевед.

• Театр сценасына эң эле жаш кезинде чыккан СССРдин эл артисти, кыргыз балетинин жылдызы Айсулуу Токомбаева. Ал 5 жашында эле Ж. Пуччининин “Чио­чио­сан” операсындагы Баттерфляй айымдын уулу Сузукинин образын кыргыз театрынын сценасына алып чыккан.

• КР эмгек сиңирген артисти наамын эң жаш курагында — 22 жашында опера ырчысы Марьям Махмутова (1920-89) алган. Ал “Ардак Белгиси” орденин да эң жаш кезинде-19 жашында (1939­ж. кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасында) алыптыр. 27 жашында Эл артисти наамына татыган. Ал кыргыз искусствосунун түптөлүшүнө бараандуу салым кошкон.

• Эң жаш СССРдин эл артисти болгон Чолпонбек Базарбаев. Бул наамды 23 жашында алыптыр.

• Эң жаш музыкант — Эмил Атагелдиев (1977­ж.т.). 5 жашынан пианинодо ойной баштаган. Париж, Италия, Израилдеги чоң конкурстарда жогорку сыйлыктарды алган.

• Эң жаш жана Борбордук Азиядагы өзү курактуу оюнчулардын ичинен эң күчтүү теннисчи Абика Калсариева (1984­ж.т.). Ал Пакистанда өткөн эл аралык турнирде (1998) 1­орунду ээлеген.

• Эң жаш кезинде 2 китеби чыккан – Айша Айткеева (1993-ж.т.). Чыгармалары 8 жашынан басма сөзгө жарыялана баштаган. 12 жашында “Учкун” (2005), 14 жашында “Ачуу чындык” деген китептери чыккан. Китептерине ар кыл жанрдагы чыгармалары (жомок, аңгеме, ыр, интермедия, фантастика, табышмак, кроссворд, пьеса, пародия) кирген. №70 гимназияда 8-класста окуйт (2007).

• Эң жаш шахматчы — Эрнесто Инаркиев (1985­ж.т.). 12 жашында спорт чебери наамына жеткен. 5 жашынан шахмат ойной баштаган. 1999­ж. Элиста шаарындагы дүйнөлүк шахмат олимпиадасында эл аралык чебер наамына татыган. Ал Азиянын, Кыргызстандын 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы чемпиону жана спорт чебери. Дүйнөдөгү ири мелдештердин катышуучусу жана байге ээси.

• Шахмат боюнча республиканын эң жаш чемпиону болгондор – Бегимай Кадырова (1997-ж. 8 жашта), Жохар Жаанбай уулу (2006).

• Эң жаш облус — Баткен. Ал 1999­ж. “Баткен окуясынан” кийин Ош облусунан бөлүнүп чыккан.

• Кыргызда аңызга айланган эң сулуу аялзаты Акмөөр Адыл кызы. Ал эң эле жаш кезинде айтылуу Жантай Карабек уулунун 5­аялы болгон. Анын сулуулугу, акылга дыйкандыгы айкалышып, эл оозунда сулуулуктун үлгүсүнө айланган.

• 19 жаш курагында кыргыз адабиятында рецензия жанрына тиш салып, республикалык басма сөзгө жарыялаган — К.Бобулов, Т.Аскаров, С.Карымшаков, А.Эркебаев, Ж.Бөкөшөв.

• Акын Абдылда Белеков 16 жашында мектеп директору болгон экен.

 

Эң узун

• Кыргызстандагы эң узун кырка тоо — Какшаал тоо тизмеги. Узундугу 582 км.

• Эң узун дарыя — Чүй. Анын жалпы узундугу 1030 км.

• Республикадагы эң узун автожол Бишкек-Ош автомагистралы. Узундугу 650 км, анын 300 километри тоо аркылуу өтөт. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырат. Бул жол Борбордук Азиянын 5 мамлекетинин, ошондой эле түштүк­азиялык субконтиненттин 10 мамлекетинин чектеринде эл аралык транспорттук интеграция процессине тартылган. Бул жолдо 100дөн ашык көпүрө, 5 туннель бар. Анын бири деңиз деңгээлинен 3115-3185 м бийиктикте жайгашкан. Суусамыр туннелинин узундугу 2,5 км. Жол 1965-ж. ишке берилген.

• Бишкектеги Эркиндик бульварына узундугу жана кооздугу жагынан дүйнөдө эч бир көчө тең келбейт.

• Эң узун радиотасма 1960­ж. жазылган. Ошол жылы режиссер Турсун Уралиев үч ай бою манасчы С. Каралаевден “Манас” эпосун 45 миң м радиотасмага жазып алган.

• Айрым пикирлер боюнча эң узун кыргызча сөз — тегирменчиникиндегилерденсиздерби? — деген суроолуу сөз. 33 тамгадан турат.

• Азыркы учурдагы эң узун кыргыз акталаалык Жеңишбек Айылчиев (1979-ж.т.). Боюнун узундугу 2 м 28 см, салмагы болжол менен 120 кг (2004).

 

Эң көп

• Кыргыз жергесиндеги жаан­чачын эң көп жааган жер Фергана кырка тоосунун батыш капталы (Актерек­Гава метеостанциясы)-1090 мм, эң аз жааган жер Ысыккөл ойдуңунун батыш чети (Балыкчы)-144 мм.

• Элинин саны эң көп облус — Ош. Мында 1999­жылдагы эл каттоо боюнча 1176,0 адам жашаган. Бул облус райондорунун (10), айыл­кыштактарынын (622) саны боюнча да алдыда.

• Калкынын саны эң көп район — Карасуу. Элинин саны 302714 адам (2001). Эң көп Эмгек Баатыры (22 адам), эң көп улут өкүлү (30дан ашык) да ушул райондо.

• Балыгы эң көп көл — Ысыккөл. Балыктын 22 түрү бар. Анын 12 түрү өзүнүкү, 12 түрү башка жактан алып келинип байырлаштырылгандар. Ысыккөлдөн балык кармоо алгач 1895­ж. башталган. Ушул жылы Нарын аскер гарнизонунун курамындагы жоокер М.И.Баган Ысыккөлдө 1­балык кармоо артелин уюштурган. Көлдөгү эң көп балык — Ысыккөл майда чабагы. Узундугу 15-17 см, салмагы 40 грамм. Өтө баалуу өнөр жайлык балык — каңылтыр (сазан). Салмагы 12-16 кг.

• Варианты көп жана эң көлөмдүү чыгарма-”Манас” эпосу. Кыргыз УИАда сакталып турган 70дей варианты бар. “Манастын” Ы. Абдрахманов Сагымбайдан 1922-26­ж. жазып алганы эле 180378 сап ырды түзсө, Саякбай Каралевдин варианты боюнча жарык көргөн “Манас” 500553 ыр сабынан туруп, “Илиада” менен “Одиссеядан” 20 эсе,”Шахнамеден” 5 эсе, индия элдеринин эпосу “Махабхаратадан” 2,5 эсе көптүк кылат. Изилдөөчүлөр эпостун эң алгачкы айтуучулары Жайсаң жана Нооруз деген ырчылар болгон деп эсептешет.

• Эң көп жер­суу аттары жолуккан чыгарма — ”Манас”. Мында 500дөн ашык географиялык аталыш бар. Эң көп библиографиясы бар чыгарма да “Манас”. Бул эпоско арналган илимий, көркөм ж.б. эмгектер 3 миңден ашат.

• Эң көп (1000ден ашык) күү билген куйма кулак адам Ниязаалы Борош уулу болуптур. 1936-ж. 80 жашында олимпиадага катышып, 1-орунду жеңип алыптыр.

• Чыгармалары эң көп тилге которулган (100дөн ашык), эң көп басылган (300дөн ашык), эң көп нускада (20 миллиондон ашык) чыккан жана дээрлик бардык чыгармасы боюнча кино тартылган жана театрда коюлган, кыргыздардан 1­болуп эң көп эл аралык сыйлыктарды алган жана чет элдик көптөгөн академияларга мүчө болгон жазуучу — Чыңгыз Айтматов. ЮНЕСКОнун эсеби боюнча чыгармаларынын басылып чыгышы жана нускасы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунду ээлейт. Китептеринин эң көп нускада чыгышы боюнча андан кийинки орун жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиевге таандык.

• Эң көп коюлган спектакль Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры», ал 2003-ж. март айында миңинчи жолу коюлган, ал эми драматург Бакы Өмүралиевдин “Жаңырык” (“Жүз катын”) аттуу пьесасы Ош драма театрында 800 жолу коюлган.

• Эң көп китеп жазган акын — Муса Жангазиев. Ал 81 жашында 73 китептин автору болуптур.

• Акын Самсак Станаливдин изилдегенине караганда өмүр бою басмада иштеген балдар жазуучусу Дүйшөн Сулайманов китеп редакциялоо боюнча рекорд коюп, миңдей китептин редактору болуптур.

• Эң көп томдуу кыргыз китеби — 30 томдук “Эл адабияты” сериясы. Бул ири көлөмдөгү жана кыргыз фольклорунун бардык жанрларынын үлгүлөрүн ирээти менен камтыган илимий мүнөздөгү эмгек 1996­2003-ж. чыгарылган.

• Эң көп обон чыгарылган ыр — эл акыны Сооронбай Жусуевдин “Унутпаймын” деген ыры. Ал ырга 5 автор — Р.Абдыкадыров, Б.Тургунбаев, Э.Мааданбеков, Б.Усубалиев, Ж.Жумагулов обон чыгарган.

• Эң көп обон жараткан (700дөй) композитор­обончу — Жумамүдүн Шералиев. Ал Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алгачкы солисттеринин да бири.

• Эң көп жана эң көлөмдүү романдар Т.Сыдыкбековго гана тиешелүү болсо, акыркы жылдары эң көп роман жазган жазуучу — Мелис Макенбаев. 1994-98­жылдардын ичинде эле анын учурдун социалдык проблемаларын камтыган 9 романы жарык көргөн.

• Эң көп псевдоними (жашырын аты) бар акын — Рамис Рыскулов. Өзүнүн айтуусу боюнча 500дөн ашык псевдоними бар. 6 ат менен басма сөз бетине чыгып жүрөт.

• “Жигитке 70 өнөр аздык кылат” деген принципти карманып, өзгөгө каниет кылса да өнөргө топук кылбаган кыргыз элинин көп кырдуу таланттарындын бири Казакбай Абдышев. Кесиби инженер­механик. 25 жыл автоунаа тармагында иштеген. Ал жазуучу, акын, күүчү, обончу, аткаруучу, комузчу, домбрачы, график­сүрөтчү ж.б. көп өнөрлөрдүн ээси.

• Эң көп союзга мүчө болгон-искусство таануучу Сарман Асанбеков. Ал КПССтин, СССР Жазуучулар союзунун, СССР Журналисттер союзунун, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун, Кыргызстан театр ишмерлери союзунун мүчөсү. Ал эми композитор Сталбек Бактыгулов Композиторлор, жазуучулар, журналисттер, театр ишмерлери союздарынын мүчөсү. Ч.Айтматов академиясынын академиги.

• “Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” деген сыйлыкты эң көп алган (6 жолу) бирден бир киноактёр— Сүймөнкул Чокморов.

• Эң көп чемпиондук наамга спортчу Орзубек Назаров ээ болгон. Ал кесипкөй­боксчулардын арасында дүйнөнүн 7 жолку чемпиондук наамын жеңип алган.

• Эң көп аял алган кыргыз айтылуу Барпы акын (Алыкулов) болгон дешет. Элдин айтымында анын нике кыйдырып алган аялдарынын саны эле 20дан ашкан. Андан кийинки көп аял алган Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракманов) болгон экен. Ал киши 19 жолу төшөк жаңыртыптыр.

• Көзү тирүүсүндө эң көп небере­чөбүрөлүү болгон Курманжан датка (1811-1.02.1907). Датканын көзү өткөн учурда (96 жашында) анын 183 тукумунун 98и (2 уулу, 2 кызы, 31 небереси, 57 чөбөрөсү, 6 чебиреси) жашап жаткан.

• Азыркы учурдагы эң көп небере­чөбүрөлүү адам Өмүрзак уулу Муканбетсабыр. Ал 1999­ж. 99га чыккан. Байбичеси Бүкөш 83тө. Алардын 8 баласы, 57 небереси, 17 чөбүрөсү бар. Нарын облусунун Солтон­Сары жайлоосунда жашайт. Ал эми атбашылык Сайра Атаева 1999­ж. 119га чыккан. Анын 43 небереси, 99 чөбөрөсү, 22 кыбырасы бар.

• Жазуучулар менен артистерден эң көп балалуу болгондор: акын Салибай Шатманов-11, артист-Орозбек Кутманалиев 10 баланын атасы.

• Эң интернационалдуу үй­бүлө Нарын шаарынын тургуну Жаманов Окоштуку, анын 5 келини 5 улуттун өкүлү. Ал эми алгачкы кыргыз тилчилеринин бири, репрессиядан көп жапа чеккен Аскар Ыдырысовдун кызы Роза Ыдырысованын апасы Зайнаптын атасы казак, апасы татар болгон. Ал эми улуу кызы өзбекке, үчүнчү кызы грузинге турмушка чыккан, бир уулу оруска, дагы бир уулу корей кызга үйлөнгөн.

• Эң көп буту­колу бар бала Кыргызстанда 1998­ж. төрөлгөн. Башкача айтканда 1998­ж. июлда Базаркоргон райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө Көкалма айылынан келген Каныкей Сатымбаева медициналык практикада кездешүүчү сиам эгиз кыздарын төрөгөн. Төрөт операция жолу менен болгон. Эгиздердин 2 башы, 4 колу, 4 буту, ал эми калган органдары бирден эле болгон. Кыздар өлүү төрөлгөн.

• Эң көп депутат болгондор: Турдакун Усубалиев СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине 28 жыл бою депутат болгон. КР Жогорку Кеңешине депутат болуп 1992, 1995, 2000­жылдары да шайланган. Төрөбай Кулатов СССР Жогорку Советине удаасы менен 9 жолу депутат болуп шайланган. Андан кийинки орун Жамин Акималиевге таандык. Ал удаасы менен 7 чакырылыштын депутаты болгон.

• Эмгек Кызыл Туу ордени менен эң көп жолу (4 ирет) сыйланган — Кадыркул Качкеев (1905-2001). Ал Москвада СССР Министрлер Советинин алдындагы Кыргыз Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн милдетин 17 жыл аткарып, эң узак элчи болгон.

• Эң көп тил билген кыргыз – жазуучу Турусбек Мадылбай. 30дай тил билет. Алар: түрк, өзбек, казак, англис, француз, немис, испан, итальян, португал, андан сырткары “жансыз тилдер” деп аталган санскрит, авеста, латын, жаканий, байыркы түрк, эски славян ж.б. Кыргызча жазат. Чыгармаларын орус, англис, немис тилдерине өзү которот. Анын “Күкүнүс” деген романы Россиянын “Русская премия” деген сыйлыгына татыган. Ал эми Италияда жашаган Цицерон Козубеков Улан (акробат машыктыргыч Светлана Козубекованын уулу, 20да, 2000­ж.) кыргыз, испан, француз, англис, немис, италян, орус тилдерин билет. Дениза Балтабаева (1980­ж.т.) деген кызыбыз кыргыз, орус, англис, француз, япон, испан тилдерин билет. Эрте жетилген көп кырдуу талант дагы. 3 жашынан окуган. 5 жашынан гитара, фортопиано ойногонду үйрөнгөн, ырдайт, вокалист, сүрөтчү (комикс түзөт), бизнести башкаруу адистиги боюнча Токиодо окуган (2000).

• Комуз күүлөрүн таржымалы менен эң көп билген комузчу – Нурак Абдрахманов. Ал 170 күүнү жаралыш тарыхы менен айтып чертет, өзү 17 күү чыгарган.

• Эң көп аспапта ойногон таланттардын бири Курмангазы Азыкбаев. Ал 22 аспапты аткара билет (комуз, сыбызгы, чоор, флейта, саксафон ж.б.). Ал тил билүү боюнча да рекордсмен (14 тил билет экен). Ал эми кызы Нурайым 12, уулу 7-8 аспапта ойнойт.

• Эң көп окумуштуу чыккан айыл — Ысыккөл районунун Бостери айылы. Бул айылдан 15 илим доктору, 40тан ашык илим кандидаты чыгыптыр. Окумуштуулар династиясынын көптүгү боюнча да бул айыл рекордду бербейт. Алсак Мамытов, Абдылдаев, Айтуганов, Исаев, Султаналиевдер тукумунан чыккан илим адамдары арбын.

• Эң көп атактуу адамдар Ысыккөлдүн Торуайгыр айыл өкмөтүнөн (Сарыгамыш, Торуайгыр, Чырпыкты) чыгыптыр. Мында Сагымбай Орозбаков, Муратаалы Күрөңкөев, Карамолдо, Чалагыз Иманкулов, Молдогазы Токобаев, Касым Тыныстанов, Иса Ахунбаев, Чабалдай Жаныбеков, Абдылда Миңжылкив, Кыялбек Урманбетов, Жеңишгүл Өзбекова, Асылбек Өзүбеков, Орозбек Айтымбетов ж.б. киндик каны тамган.

• Эң көп китептүү өздүк китепкананын ээси — акын Эсентур Кылычев. Китеп ышкыбоздорунун айтымында үч бөлмөлүү үйү ирегесинен баштап китепке жык толгон. Мында сейрек кездешүүчү мыкты китептер арбын. Санын өзү да так билбейт.

• Эң көп китеп окуган кыргыздардан чыккан алгачкы энциклопедиялык билимдүү дипломсуз илимпоз, алгачкы агартуучулардын бири Талып Байболот уулу (1849-1949). Өзүнүн айтуусунда 14 миң 700дөн ашык китеп окуптур.

• Ы. Таранчиев АН-2 самолёту менен 1471 жолу өз алдынча учкан.

• Эң көп ардактуу атуул наамына арзыган полковник Шейшенбек Байзаков. Ал Баткен окуясынан кийин элге сиңирген эмгеги үчүн ага Кыргызстандын Баткен, Лейлек, Чоң-Алай, Кадамжай, Өзбекстандын Сох, Тажикстандын Исфара райондорунун ардактуу атуулу наамы берилген.

• Кыргыз министрлеринин тарыхында 1-жолу Роза Отунбаева бир эле – КР Тышкы иштер министрлигине 3 жолу дайындалыптыр (СССР учурунда, 1992-ж. жана 1994 – 97-ж.).

• Эң көп премьер-минстр иштеген жыл – 2007-ж. Жыл башында Ф.Кулов, 2 ай А.Исабеков, 8 А.Атамбаев, жыл агында И.Айдаралиев (милдетин аткаруучу) иштесе, жуп жаңы жыл алдында И.Чудинов премьер-министрлик креслого отурган.

• Көптөгөн чет элдик академияларга, университеттерге академик, профессор болуп шайлануу боюнча рекордду Ч. Айтматов, А.Акаев койгон.

 

Эң чоң

• КРдеги эң чоң көл — Ысыккөл. Аянты 6236 км2. Андан кийин Соңкөл (аянты 270 км2), Чатыркөл (171 км2) турат. Кыргызстанда жалпы аянты 6836 км2 болгон 1923 көл бар.

• Эң ири мөңгү-Түштүк Эңилчек. Кан­Теңир тоо тоомунда. Узундугу 58,9 км, туурасы 2-3 км, аянты 613,2 км2, орточо калыңдыгы 300-400 м.

• Эң чоң ойдуң-Фергана өрөөнү. Узундугу 340 км, эң жазы жери 160 км, аянты 22000 км2.

• Эң чоң жана узун өрөөн — Нарын өрөөнү. Ал Эки­Нарын капчыгайынан Фергана өрөөнүнө чейин созулат. Узундугу 470 км.

• Эң ири жана суусу мол дарыя — Нарын. Анын Кыргызстандын аймагындагы узундугу 534 км. Ага бардыгы 830 суу куят. Нарын гидроэнергетикалык кубаттуулугу боюнча да алдыда. Гидроэнергоресурсу-5,94 млн кВт.

• Эң ири суу сактагыч — Токтогул. Аянты 284,3 км2, жалпы көлөмү 19,5 млрд м3.

• Аянты боюнча эң чоң облус — Нарын. Жалпы аянты 45,2 миң км2.

• Эң чоң район Ат­Башы. Аянты 19,1 миң км2.

• Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү ири алтын кендеринин бири — Кумтөр. Алтындын геологиялык запасы 300 тоннага жакын. Деңиз деңгээлинен 4 миң метрден ашык бийиктикте. 1978-ж. 9-ноябрда ачылган. 1997­ж. андан алгачкы 132 т алтын казылып алынган.

• Эң чоң ГЭС – Токтогул, кубаттуулугу 1200 мВт.

• Кыргызстанда гана эмес, Орто Азиядагы эң ири архитектуралык эстелик-Ташрабат. 15­кылымда курулган. Атбашы айылынан 80 км түштүк­батышта, Бишкек-Торугарт жолунан 18 км аралыкта.

• Эң чоң өткөөл капчыгай — Боом. Ал Чүй өрөөнү менен Ысыккөл өрөөнүн байланыштырат. Күнгөй Ала­Тоо менен Кыргыз Ала­Тоосунун жакындашкан жеринде, капчыгайдын таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 1300-1550 м, капталдары таманынан 1800-2500 м. Узундугу 25 км, жазылыгы 150-350 м.

• Эң ири ирригациялык жана энергетикалык канал — Чоң­Чүй каналы (азыр ал Батыш Чоң­Чүй каналы деп аталат). Курулушу 1941­ж. 14­майда башталган. Согуш учурунда токтоп, 1946­ж. кайра башталган жана 1958­ж. 11­июлда бүткөн. Чүй өрөөнүн чыгыштан батышка карай кесип өтөт. Узундугу 147 км, туурасы 10-20 м, тереңдиги 5-6 м. Каналда кубаттуулугу 29 миң кВт болгон 7 гидроэлектрстанция курулган. Анда 226 гидротехникалык курулма, 196 суу өлчөгүч пост бар.

• Эң ири китепкана-В.И. Ленин атындагы улуттук китепкана. 1934­ж. ачылган.Китеп фонду 6 миллиондон ашык, дүйнө элинин 89 тилинде.

• Эң ири завод-Майлысайдагы электр лампа чыгаруу заводу. 1968­ж. ишке берилген. Ал кубаттуулугу боюнча СССРдеги эле эмес Европадагы эң ири заводдордун катарында турган. Жылына 300 млндон ашык электр лампасын чыгарган.

• Эң ири спорт комплекси — ”Спартак” стадиону Бишкекте 1939-41­ж. курулуп, 1963­ж. реконструкцияланган. Аянты 4,5 га. Трибунасы 25 миң орундуу.

• Спорттук эң чоң курулуш – Кожомкул атындагы спорт сарайы (Бишкек ш., Тоголок Молдо көчөсү, 40) 1974-ж. ачылган.

• Эң чоң базар-”Жайма базар” (Түртүшмө). Көп тармактуу “Дордой” ассоциациясына караштуу. Аны негиздеген алгачкы башкы директору Салымбеков Аскар Мааткабылович (2000­жылдан ардактуу президенти). 1991­ж. 7­декабрда ачылган. Бүгүнкү күндө Борбордук Азия, Урал аймагындагы эң чоң соода борбору.

• Кыргызча эң чоң китеп – манасчы Жусуп Мамайдын “Манасы”. Салмагы 6 кг. Араб алфавитинен кыргызча тамгага түшүргөн Мамлекеттик тил жана маданият институту (директору Үмүт Култаева).

• “Манас” эпосундагы “Көкөтөйдүн ашынан” кийинки эң чоң аш сарбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан чоң манап Шабдан Жантай уулуна (1840-1912) 1912­ж. октябрда берилген. Аш 5 күнгө созулуп, ага Түркстан чөлкөмүнөн (Жети­Суу, Фергана, Сыр­Дарыя дубандарынан) 40 миңден ашуун киши келген. 1900 боз үй тигилген. Ашка 10 миң кой, 2 миң тай союлган. Кемин өрөөнүндө өткөрүлгөн. Мында ат чабыш өткөрүүнүн батыштагы эрежелери алгачкы жолу колдонулган. Аламан байгеге 172 күлүк кошулуп, 1000 дилде, 30 төө, 100 жылкы, 30 бодо мал, 500 кой байгеге коюлган. Бишкек уездинде жашаган Борончу Ітөгөн уулунун аты чыгып, баш байге алган. Ал күлүк 1 чакырымды 1 мүнөт 35,5 секундда басып өтүп, ошол кездеги россиялык жетишкендиктерден ашып түшкөн ылдамдыкта келген. Ашты Шабдандын кудасы атбашылык Чоко Ак үйүн тигип, энесин аюу талпакка отургузуп коюп башкарган.

• “Ленинчил жаш” гезитинин жазганы боюнча (1988­ж., 18­июнь) эң чоң мөндүр Базаркоргон районунун Гава айылына түшкөн (Бабашата тоосунун этеги). 1988­ж. май айында чайыттай ачык турган күн заматта бүркөлүп, мөндүр жааган. Мөндүр улам чоңоюп, тооктун жумурткасындай болгон. Мөндүрдүн түшүшү 10 мүнөттөй созулган. 1998­ж. 18­июлда Талас районунун Көкой айылынын этегиндеги Нылды көлмөсүнө чоңдугу тооктун жумурткасындай, кээси топтоголок, кээси учтуу музтобурчак жааган. Тобурчактын үстүңкү формасы кудум эле мээ түзүлүшүнө окшош болгон. Жээктеги 3-4 машиненин терезелери сынып, темирлери бырыйган. Ушундай эле чоң мөндүр жана мурда болуп көрбөгөндөй катуу шамал ошол эле күнү Ысыккөлдүн Түп районунда да 20 мүнөттөй сабап турган.

• Эң чоң дарбыз Ош облусунда өстүрүлгөн. Анын салмагы 85 килограммга жеткен.

• Эң көлөмдүү жана тез жазылган чыгармалар эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековго таандык. Анын жарык көрө элек чыгармалары эле 4500 барактан ашат. Түкөбүздүн чыгармалары эле эмес, өзү дагы жазуучулардын ичинен “көлөмдүүсү” болгон экен. С.Станалиев билдиргендей анын салмагы 66 жашында 121 кг болуптур.

• Кыргыз адабиятынын совет доорундагы тарыхында тагдыр чечээр үч чоң талкуу болгон. Биринчиси, 1952­ж. “Манас” эпосу, экинчиси 1958­ж. Ч.Айтматовдун чыгармалары, үчүнчүсү 1963­ж. У.Абдукаимовдун “Майдан” романы боюнча. Буларды бар же жок кылуу үчүн айыгышкан күрөш жүрүп, кыл чайнашкан кырчылдашуу курч мүнөздө болсо да, акыры тарых аларды өз ордуларына койгону белгилүү.

• Бишкек шаарындагы 22 жаңы конуштун эң чоңу-Арча­Бешик. 1991­ж. түптөлгөн. Жалпы аянты 709 га. Калкынын саны 16200 (2001). Өз алдынча башкаруу комитетинин төрагасы Муктар Айткулов.

• Эң чоң кинотеатр — Бишкектеги “Россия”. 1963­ж. ачылган, 1970­ж. реконструкцияланган. Көрүү залы 1 миң кишилик. Мындай уникалдуу кинотеатр Борбордук Азия аймагында жок.

• Айрым оозеки маалыматтар боюнча эң чоң тебетейди Ормон хан тиктирген.

 

Эң узак

• Кыргызстанды эң узак жетектегендерин бири (туура 40 жыл), б.а. 1938-45­ж. Өкмөт башчысы, тагыраак айтканда Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасы, андан кийин 33 жыл бою (1945-78) Кыргыз ССР Жогорку Советине төрага болуп иштеген, ардагерлердин айтымында Сталинге 3 жолу кирген жалгыз кыргыз Төрөбай Кулатов. Ал эми Т.Усубалиев чейрек кылым Кыргызстан КП БКнын 1­катчысы болуп иштеген.

• Совет мезгилинде эң узак райкомдун 1-катчысы болгон (31 жыл, а.и. Кочкордо 18 жыл) Соц. Эмгек Баатыры – Акназаров Корчубек.

• Эң узак жашагандардын бири Калиман апа (акын Ташмат Арыковдун кайненеси). Ал 2000­ж. 120га чыккан (1980­ж. Чүйдөгү Сайлык айылында туулган). Өзү менен 6 бир тууган болуп, алар да узак жашашкан экен. Улуусу Төлөгөн киши колдуу болуптур, андан кийинкилери Киртен-110, Койсун-98, Болдук (философ Асанбек Табалдиевдин энеси)-103, Кашка 89 жаштарында дүйнөдөн өтүшүптүр. Ал эми эркектерден Турсункул Арзыкулов 1999­ж. 112ге чыккан. Базар­Коргондогу Арстанбап айылынын тургуну.

• Жазуучулардан узак жашаган — Тоголок Молдо. Ал киши 100 жылдыгын өткөргөндөн кийин гана дүйнө салган.

• Эң узак мектеп директору болуп иштеген — Жумабек Ниязов. Ал Ноокен районунун Бирлик орто мектебинде 36 жыл директор болгон.

• Дүйнөлүк тарыхта 1­жолу асфальт жолдо өтө алыс аралыкка (Стамбулдан Таласка чейин) ат чабуу супермарафону 1995­ж. “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата өткөрүлгөн.

Эң кичине, аз, кыска

• Эң кичине облус — Талас. Анын аянты 11,4 миң км2. Калкынын саны да аз. Болгону 199,9 миң адам (1999).

• Жалгыз чыгармасы классикага айланган жазуучу — Узакбай Абдукаимов. Ал реалисттик “Майдан” романы менен кыргыз адабиятынын классигине айланган. Чоң котормочу катары белгилүү болгон, өмүр бою ыр которгон, өзү да ыр жазган. Ал эми Ашым Жакыпбеков “Айгашка” жана “Теңири Манас” (роман) деген эки гана китеп чыгарган (романы көзү өткөндөн кийин чыккан). Бирок, Ч. Айтматовдун чыгармаларын ийине жеткире которгон котормочу катары белгилүү болгон. Ошентсе да булар залкар жазуучулар катары элге таанылып, көркөм адабиятыбыздын төрүнөн орун алышкан.

• Эң аз кыргыз уруусу — төбөй.

• Эң кыска мөөнөт эл башкарган — уламыштагы Кедейкан. Болгону 15 эле күн такка отурган. Ал эми 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциядан кийин КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынына спикер болуп (3 эле күн иштеген) шайланган Ишенбай Кадырбеков автоматтык түрдө КР Президентинин милдетин аткаруучу болуп бир нече саат гана иштеген.

• Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эң кыска мөөнөт иштеген – Азим Исабеков (29.01-29.03.2007).

• Эң кыска «өмүр сүргөн» гезиттер «Арият» (1 эле саны чыккан), «Политика» (Чынара Жакыпова, 2 саны чыккан).

• Айрымдардын ырасташына караганда эң кичине киши атбашылык Акунов Таке. Боюнун узундугу 1 м 41 см. Көп жылдар партиялык, советтик кызматтарда иштеген.

 

Эң кеч, акыркы

• Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын эң кеч алган (1991-ж., өлгөндөн кийин) – Ысмайылбек Таранчиев (1923 — 44).

• Эң кеч илим доктору болгон — Осмонкулов Аскар. Ал 1996-ж 70 жаш курагында педагогика илимдеринин доктору болгон. Ал эми ага чамалап эле барып, 69 жашында Иманалиев Мусалы (экономист, 1991), Керимбаев Сүйүн Каримович (тарыхчы, 1984), 68 жашында Акбаев Абди Алымкожоевич (химик, 1996) илим докторлору болушуптур.

• Эң кеч – 70 жашында профессор болгон тилчи Дыйканов Карбоз. Философ Жумагулов Сулайман 68, юрист Тургунбеков Рафик 67 жашында профессор деген наамга ээ болушкан.

• Кыргыз Улуттук ИАнын корреспондент-мүчөлүгүнө эң кеч – 72 жашында Балтабаев Мукаш Руставлетович (педагогика илимдеринин доктору), 65 жашында Тургунбеков Рафик (юридика илимдеринин доктору), 62 жашында Данияров Санжарбек Сейитович (тарых илимдеринин доктору) менен Ботбаев Ильяс Махмудович (айыл чарба илимдеринин доктору) шайланышкан.

• КР УИАга эң кеч – 91 жашында Карасаев Кусейин (1992-ж. ардактуу академик болгон, филология илимдеринин кандидаты), 68 жашында Салиев Азиз (философия илимдеринин кандидаты), 61 жашында Данияров Санжарбек Бакирович (медицина илимдеринин доктору), Ильясов Сатар (тарых илимдеринин доктору), Садыков Тургунбай (скульптор) болгон.

• Эң кеч илим кандидаты болгон адам Алиев Токтош Исмаилович. Ал 69 жашында педагогика илимине кандидаттыгын жактаган.

• Залкар манасчылардын эң акыркысы — Саякбай Каралаев.

• Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук коитетинин Саясий бюросунун биринчи жана акыркы мүчөсү болгон кыргызстандык мамлекеттик ишмер Жумгалбек Аманбаев (1990-ж., 45 жашында). Ал Кыргызстан КП БКнын эң акыркы 1-катчысы болгон.

 

Эң бийик, терең, чуңкур, калың, күчтүү, күлүк, сейрек, кызык

• Эң бийик чоку — Жеңиш чокусу. Ал Какшаал тоо тизмегинде, бийиктиги деңиз деңгээлинен 7439 м.

• Кыргызстандагы эң бийик жана мөңгү өтө көп аймак — Ысыккөл сырты. Ал деңиз деңгээлинен 2000-2500 метрден бийик жайгашкан. Тоң сырты, Жетиөгүз сырты, Сарыжаз сырты деп үчкө бөлүнүп, Ысыккөл облусунун жалпы аймагынын теңиндейин түзөт. Сарыжаз жана Нарын дарыялары ушул жерден башталат. Республикадагы эң бийик жайлоо катары белгилүү.

• Эң бийиктеги көл — Чатыркөл. Ал деңиз деңгээлинен 3520,2 м бийик жайгашкан. Аянты 170,6 км2, узундугу 23 км, туурасы 11 км, тереңдиги батышында 18-19 м, чыгышында 8 метрге жетет. Балык болбойт.

• Бишкектеги эң биринчи 9 кабаттуу үй 1973-ж. Белинский жана Ленин проспектисинин кесилишине, алгачкы 12 кабаттуу үй 1982-ж. Тынчтык проспектисине (1-кабаты “Байчечекей” дүрдүнүйө дүкөнү) салынган.

• Бишкектеги эң биринчи 18 кабат үй 1970-ж. «Айчүрөк» дүр-дүнүйө дүкөнүнүн маңдайына курулган.

• Кыдыр аке Байсары уулунун күмбөз­эстелиги 1993­ж. Аксуу районунун Керегеташ айылында курулган. Чыгыштын байыркы оймо-чийме үлгүлөрү менен архитектуранын азыркы талаптары эриш­аркак пайдаланылып, пайдубалынан төбөсүнө чейинки бийиктиги 14 м, ал эми маңдай жагы жерден 17,5 м. 70 миң кыштан курулган. Күмбөздүн архитектору, салган уста Табылды Байбосов. Азырынча мындан бийик күмбөз жок.

• Эң терең көл — Ысыккөл. Эң терең жери 668,0 м.

• Эң чуңкур жер Лейлек районунда. Деңиз деңгээлинен 401,0 м төмөн.

• 1982­ж. 25-27­октябрда Ысыккөлдөгү Чоктал жана Ананьев айылдарынын аралыгына эң калың кар жааган. Адегенде абдан күчтүү куюн болуп, андан кийин кар жаай баштаган. Кардын калыңдыгы 150-170 см болгон.

• Акыркы 2-3 кылымда байкалган эң күчтүү жер титирөө (чордонундагы күчү 10 балл) 1911­жылдын 4­январында Чоң­Кеминде болгон.

• Мойнок уулу Кыдыкпай деген жөө күлүк Ысыккөлдүн Коргондубулак айылында төрөлгөн. Бала кезинен жөө күлүк атанган. 1910­ж. 60 тандамал жөө күлүк менен жарышып (Аксай айылынан Туурасууга чейин 17 км) биринчи келген. Байгесине 1 боз үй, 10 кой алган. Кийин Кулчумат уулу Жаныман аттуу болуш айтылуу Тору жоргосу менен жарышып жетпей калган.

• Кыргыз тарыхындагы эң күлүк ат – Тайтору. Манасчылардын айтымында аны 60 асыйында Каныкей төлгө кылып чапканда бир нече күндүк жолдон, 600-700 аттын ичинен 1-чыгып келип, намысын алып берген.

• Уламышта Торуайгыр деген күлүк болгону айтылат. Аны көр турмуштун айынан көлдүн тескейиндеги бир адамга ээси сатып жиберет, ээсин сагынган ат бир күнү качып Ысыккөлдү туурасынан сүзүп өтүп, азыркы Торуайгыр айылы турган жердеги ээсине жетип, өнүп-өскөн жерин көрүп, айлананы адамдай эле карап туруп жан берген экен (Ысыккөлдөгү айыл ошондон аталган). Ал эми Шырдакбетин Бозжорго дагы айтылуу күлүктөрдөн болгон.

• Журналист Темирбек Алымбековдун изилдөөсү боюнча айтылуу Көбөгөн ажынын Нарбаш деген аты өтө белгилүү күлүк болгон экен. 1916-ж. Үркүндө Нарбаш Кашкар байына сатылып кеткен. 1917-ж. эл жерине кайтканда Нарбаш эки буту тушалуу бойдон эки жолу Кыргызстанга качып келет. Эки жолу тең артынан кашгарлыктар келип алып кетишет. Үчүнчү жолу үч буту тушалуу бойдон качып келгенде, ажынын туугандары күлүктү катып, алып калышыптыр.

• Байтик баатырдын Кергашка деген аты да чоң күлүк болуптур. Кочкордо Канат хандын атасы Ыбыкенин ашында 150 чакырымга 300 күлүк чабылып, Кергашка баш байге алган.

• Өтө сейрек учуроочу тубаса кооз тембрлүү, чабыты кенен үн — күркүрөгөн добуштуу (бас) ырчылар дүйнөдө үчөө болсо, анын бири Болот Миңжылкиевдики болгон.

• Ш.Бейшеналиевдин «Аманат» повестинин баш каарманы 7 жашар комузчу бала Санарбек Карымшаков болсо (кийин ал белгилүү адабиятчы жана сынчы болгон), ошол повесть боюнча тартылган кинофильмдин баш каарманынын ролун анын 7 жашар уулу Алишер аткарган.

• Германиянын Гютерстох шаарында жашаган коллекционер Питер Шонрох дүйнөнүн өтө белгилүү 500дөн ашык кишисинин кол тамгаларын жыйнаган. Бул улуу кишилердин кол тамгалары жыйналган дүйнөдөгү жападан жалгыз жана кайталангыс өзгөчө кенчте бир гана кыргыздын – Ч.Айтматовдун кол тамгасы бар.

• Жазуучу, журналист Калкан Керималиевдин ырастоосу боюнча Кыргызстанда бир гана атанын балдарынан (азык уруусу) тараган бирден бир айыл – Атбашы районунун Кызылтуу айылы. Бул айылда 2 миңдей адам жашайт (2006).

• Экөө тең министр, экөө тең профессор болгон жубайлар Кулубек Бөкөнбаев менен Ишенгүл Болжурова.

• Аты-жөндөрү да, өздөрү да окшош адамдар бар. Алардын бири дүйнө чемпиону, спортсмен Каныбек Осмоналиев менен илимпоз, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев. Дагы бир кызыгы экөөнүн тең балдарынын аты Чыңгыз.

• Айыл элине кордук көрсөтүп, уурдап-тоноп тыйылбай койгондугу үчүн элден чыккан тентекти таш бараңга алып өлтүрүү акыркы 100 жылдыкта 1-жолу 1997-ж. Таластын Бакайыр айылында болгон.

• 200 сомдукка акын Алыкул Осмоновдун сүрөтү түшүрүлүп, арткы бетине анын:

“Ысык­Көл кээде тынч да, кээде толкун,
    Толкуса толкунуна тең ортокмун.
    Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
    Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун”,

— деген ыры жазылган. Улуттук валютага ыр түшүрүү практикасы башка элде болгон эмес.

• Журналист Айжан Айтышеванын изилдөөсү боюнча Ысыккөлдүн Ананьево айылынын тургуну 70 жаштан ашкан (2006) Калыйкан апанын тиштери жапжаш селкиникиндей. Өмүр бою бир да жолу тишин тиш паста менен жууган эмес. Болгону Ананьевонун алмасын дайыма жейт.

• “Бишкек Таймс” гезитинин жазганы боюнча (№20, 23.06) Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну Рысалиева Чолпон 2 жолу кош бойлуу болгон кезинде самынга талгак болгон. Басса-турса самынды чукуп жей берип, жуунганда денесинен чыккан самынга эле жуунуп калган.

• Колдорунун да, буттарынын да манжалары алтыдан болгон Азамат Казизов деген Жетиөгүз районунун Жаргылчак айылынын тургунун КыргызТуусу коомчулукка жарыялаган (КТ, 1-4-декабрь, 2006).

• 2006-ж. 28-июнда кыргыз тарыхында 1-жолу Бишкек шаарынын № 1 төрөт үйүндө 6 кг 140 гр. салмактагы кыргыз уулу төрөлгөн. Боюнун узундугу 68 см (норма 50 см), башынын диаметри 39 см (норма 35-36 см). Апасы Махабат Абышова (врач-терапевт, 32 жашта), атасы Рустам Сакиев (экономист, 32 жашта). Жердиги жумгалдыктар.

• Белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиеванын, уулу Арлендин, кызы Аэлитанын туулган күндөрү бир күнгө — 12-январга туш келгени дагы өзгөчө окуялардан.

• 16 кг гирья менен күнүгө 15 саат тынымсыз машыгып (колу, буту менен көтөрүп) мурда эч ким жасабаган өзгөчө номер жараткан – Оганес Егизарян.

• Биз билгени эң кеч баш кошкондор – Асек Урманбетов менен Тамара Балтабаева. 2006-ж. 85 жаштарында үйлөнүшкөн. Экөө тең Атамекендик согуштун катышуучусу.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Кадыров Ысмайыл, 2008. Бардык укуктар корголгон
    © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. Бардык укуктар корголгон

 

Редактору Түгөлбай Мамбетжунушев

 


Количество просмотров: 82623