Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика
© Сыдыкова К.С., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30 апрели

Кален Султангазиевна СЫДЫКОВА

«Никесиз үй-бүлө» жана башка макалалар

(“Күч күйөө” китебинен макалалардын топтому)

Бул китепте улуттук көөнөрбөс нарк-насилди бийик туткан, көчмөн салтын таза сактаган, ыймандуулукту, аруу адепти ыйык, таза кармаган, ынтымакты, асыл наркты кастарлаган кыргыздын жаңы доордо дегредацияга учурап бүлүнүп атканы, ыйманын тепсеп жан дүйнөсү жакырданганын, коомдогу, жеке турмуштагы оомалуу-төкмөлүү көйгөйлөрдү чагылдырат. Нарктын, салттын, киши жолунун улуулугун, тазалыгын коргоп, ага окурмандарды акыл калчап көрүүгө чакырган автордун жеке туюму, сынчыл пикири китептин өзөгүн түзөт

Сыдыкова Кален. Күч күйөө: Көркөм публицистика. – Б.: «Бийиктик», 2003. – 148 б. китебинен алынды

ББК 84 Ки 7
    С – 95
    ISBN 9967-21-509-7
    С – 4702300400-03

 

Түркүмдөр

 

НИКЕСИЗ ҮЙ-БҮЛӨ

Жаралгандан аял — улуттун, журттун энеси. Андай болгон соң «ойдон бир уйдун мүйүзү сынса, тоодо миң уйдун мүйүзү зыркырайт» болуп, ойдо жок туруп тытышкан же бүлөөдөн ажырап калган азыркы асылзат айымдар жөнүндө жүрөк канатпай сүйлөөгө мүмкүн эмес. «Кары да бол жаш да бол, кадырлашкын тирүүңдө, калаар бир күн алтын баш, казылган көрдүн түбүндө» деп эл бекер ырдап жүрүптүрбү. «Күйгөн катын кошокчу» дегендей, бул маселе боюнча «акырын айтсаң алсыз дейт, айтпай койсоң арсыз дейт». «Жамандык бир күндө, жакшылык миң күндө» эмеспи. Кыргызстанда никесиз жашоо тенденциясы акырындап, стихиялуу башталды. Бул туурабы же туура эмеспи? Салтты, традицияны, наркты тепсеген бул эмне деген жаман жорук? Нике коомго керекпи? Албетте, керек, мамлекеттин пайдубалы, эң чоң түркүгү-туруктуу үй бүлө. Үй бүлө бекем болбой өлкө эч качан бекем, туруктуу болбойт. Анткени, «улут — башка бир нерсе эмес, ал — чоң үй-бүлө...». Нике салтына, мыйзамына байланышкан солк этпес миңдеген милдет, жоопкерчилик, укук, адеп, каада, традиция принциптери бар эмеспи.

Аял кор болгон, баркталбаган жерде эч нерсе баркталбайт. «Эстүү адам эсирбейт» дечи, бирок, бирин-серин салтты бузган бузукулук, шерменде жашоо өкүм сүргөнү коомго терс таасирин тийгизүүдө. Кээ бир көпкөндөр «жамандын бир өнөрү артык» дегендей, атаандашып никесиз жашоого атайылап өткөндөр, аны менен сыймыктангандар бар. Дагы уялбай «баягы эле катының менен жашап атасыңбы?» деп кесирленип кесепеттүү сөздөрдү айтышат экен. «Салтты ата наркын билбеген уул бузат». Никесиз үйбүлө (муну илимде консенсуальный союз деп тергешет) коомду туруксуздандырып үй-бүлөлүк ачык жалапчылыктын калыптанышына шарт түзүүдө. Анткени, алардын күнүмдүк биргелешип өз ыракаты үчүн жашаганы болбосо милдет жок, жасалган кылымыштай эч нерсеге үрп-адат боюнча укуксуз. Ошондо, никесиз бүлөөдө төрөлгөн балдардын коомдогу салттык жана адептик орду кандай болот? Юридикалык жагынан кимдин фамилиясын алат же энесинде кала береби? «Кыз» менен «баланын» ата-энелери мындай никесиз бүлөөчүлүккө кандай карайт? А коом мындай салт бузган никесиз үйбүлөнү жектейби же колдойбу? Бул ойношчулуктун жарым ачыкка чыккан формасыбы же... Эмнеге мыйзамчылар бул проблеманы көрмөксөнгө салууда? Же «аягы суюк кайын эне келинин тыят» болбойлу болуудабы?

Катуу закондоштурулган нике контракттыны бекемдөөнү мыйзамдаштырсак мамлекет никеге кепил болот. Антпесе азыр исламга жамынгандар Кыргыз Конституциясын дискредитациялап, жокко чыгарып кылмышка барууда. Ошондуктан законсуз исламды ооздуктап, ага мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү зарыл.

Ачык айталы, азыр колунда бар айрым дөөлөттүү-сөөлөттүү делген, башынан туруксуз 40-60 жаштын ортосундагы кишилер мурунку бүлөөсү менен закондуу ажырашпай туруп, кийинкисине никеге турбай, диний нике кыйдырымыш этип же жөн эле жашырын экинчи бүлөө күтүүдө. Мамлекетте диний нике кыю официалдуу деп эсептелбейт, бул көңүл жубаткан эски традиция. «Эки эчкиң болсо, үйүң толо быштак, эки аялың болсо, үйүң толо мушташ» дегендей, кээде анысы билинип калып чоң жаңжал чыгып, «калп айткан бир сөздөн, адамдын көөнү жыртылат» (М. Жакыпов) же «уруу тойгончо жеп, өлөөрчө карганат» болуп бир сыйра элге абийирин төгүп дили зилдеп, көңүлдөрү кирдеп жедеп бет карашпай калганда официалдуу үйбүлөсү менен закондуу ажырашпай туруп эле мамилесин үзүп, жылып чыга беришет, эстүүсү балдарына каралашып камсыз кылса, эси жогу «кыз боосуп алып энесин коркутат» болуп өз балдарын өгөйсүнтүп, такыр эле каттабай аларды томсортуп таштагандар бар. Башка башка, балдарды эмне жазык?! «Эрди кудай урарда, элүүсүндө жаш болот» эмеспи. Айтмакчы, чириген элитадагылардын никесиз үйбүлө күткөндөрүнүн көпчүлүгү 50 жаштын ар жак, бер жагындагылар. Тизмесин айтып итиркейлерин келтирбей эле койоюн.

«Жаман адам көпкөндө, жакшыны көзгө илбеген» шум заман болбодубу. Билип туруп законду көздөрүнө илбегендери канча? Мындай учурда сотко берүү жоопкерчилигин аялдар өз колуна албаса, алардын бетин ачпаса коом быкшый бермекчи. «Чечилишип сырдашсаң көкүрөктөн муң кетер» (Токтогул) дегендей, бул маселе коомчулуктун көңүлүн бурууга тийиш го. «Тирүүлүктүн көркү сый». «Аялыңды жек көрүп жамандыкты ырбатпа» дешет эл. Бул эмне деген сөз? Бүгүн таасири барбы? «Бир күн уруш болгон үйдөн кырк күн береке кетер». Албетте, «жаман адам кетсе дүйнө кеңип калгандай сезилет, жакшы адам кетсе дүйнө кемип калгандай сезилет» эмеспи. «Кайгыга өңү азбаган, кайраттуулуктун белгиси» болгон менен көңүл оорулуу болуп, санаа тартып капшытың эңшерилгени өкүнүч эмей эмне?! Башканы ойлобой, өмүр бою өлөк-жөлөк болот деп аздектеп, сүйгөн, коргогон, кордук да көргөн, ошентсе дагы ыйык туткан азаптуу асыл жарды жаш көтөрүлүп, токтолуп калганда бирөөгө тарттырып ийүү-тирүүлөй тозок, намыс. Бирок, мындай ишке кабылсаң «ушак уудан жаман». «Энеден кийин төркүн жок, эрден кийин сый жок». Ариет, бул чындык. «Береке ургаачынын пейилинде» дешет, бирок, сүйүүгө келгенде (сөз ырылдап эптеп жашаган эрди-катын жөнүндө эмес, сүйүшкөндөрдө) дос же элдешкис душман гана болосуң. Эл «суу көрбөгөн какырдан түңүл, эр көрбөгөн катындан түңүл» же «нахальство – второе счастье» дегендей, бүлөөнү бузганга маш, жаланып-жуктанган мүнөзү жеңил, эчак катын болгон карадалы шайкелең кыздар, аягы суюк жубандар аз эмес. Акын Гүлжамила айткандай: «Чыйрыгып турган сандарды, жылытып алаар жан барбы?» деп бирөөнүн убалынан коркпогондор бай же бийликтеги колунан келген эркектердин убактылуу болсо да убайын, жыргалын көрөйүн дешет. Чиркин «тең теңи менен тезек кабы менен болгонго» не жетсин. «Айнурун кармап минсе да, бакытка тойбойт адамзат» (Бухар) деп бекер айтпаптыр го. Бу эл сөзүнө эрөөн жок экен, «сулууну кучактаган кубанат» дегенин карабайсыңбы. «Сүйүктүү болом десең сүй» деп кыйнайт. Бирок, баары бир «армандын эң зору бул жашоодо өз теңин таппай калгандарга таандык» (А. Аксы). Никедеги мамилени элдик даанышмандар минтип тастыктайт:

«Жаман болсо алганың,
    Жаныңа жабыр салганың.
    Жабыркайсың айыкпай,
    Ичиңде болуп арманың» же

«Эт жебеген куш болбойт,
    эки жакшы туш болбойт.
    Эки жакшы туш болсо
    Жаман кара иш болбойт» (Калыгул) эмеспи.

Эки жакшы чанда го чиркин.

Бүлөөдө ажырашуулардын көп болгондугу мамлекетти кооптондурууда. Нике деградациясы активдешүүдө. Анткени, 1979-жылы 2,4% эркек, 5,0% аял ажырашса, 1990-жылдагы биринчи улуттук эл каттоодо республикада никеге жашы жеткен аялдардын 7,9% и бүлөөсү менен ажырашыптыр (ал эми 3,9% эркектер ажырашкан) б. а. 53035 аял ажырашкан. 1999-ж. боюнча жалпы 866979 эркек, 865277 аял никеде турушат экен, ал эми 472770 эркек, 336660 аял никеге эч качан турбаптыр. 70062 эркек, 73028 аял жашырын же ачык жубай болуп жашаса дагы никеге такыр турушкан эмес. Баардыгы 0,1% эркек, 0,2% аял 50 жаштан өткөнчө эч качан никеге турган эмес дегенди эл каттоо ачыкка чыгарды. Буларды башы бош ойноштор, жалаптар, олжо катындар, токол-тоос, тирүүлөй жесир болгондор, нике жүрбөгөн майыптар, оорулуулар же айрымдары бейнике үйбүлө кургандар деп болжолдоого болот.

Жапондор, гейшалыктын түбү жакшылыкка алып келбесин, менталитетке доо кетирип улутту талкалаарын, үйбүлөнү кадырлабоону күчөтөөрүн билип мамлекет тарабынан катуу тыю салынып жазага алган. «Жамандыкты чын дитинен жек көргөн адам гана жакшылыктын кадырына жете алат» (Шиллер). Алар жалапчылыкка караганда туруктуу салтын сактап, үйбүлө намысын коргоп калышты. Нарксыздыкка чек коюп үйбүлө жоопкерчилигин көтөрдү. Түбүң түшкөн дүнүйө, бапырап көп келбей ыйбаа кылган таза пендедей жакшылык, тазалануу бириндеп жалгыз, сейрек, сыңары келгени менен түбөлүк көңүлдө азделет тура. «Адам бузулса, аалам бузулат», «бузук адамга түзүк адам кас көрүнөт», «көпккөн сөккөндү билет» дейт эл. Анысы кандай, далай «байкуштардын ичинде — эригис кайгы музу бар» болуп көкүрөгү кирдеп турат. «Колдо бар алтындын баркы жок» кылган адепсиз, көпкөн, көйрөң дүнүйө ай... Ушул жерден турмуштун дагы бир чындыгын эске алган жөндүр:

«Эр жатпаган катынга,
    Эндик менен упаны
    Эпсиз сүйкөп не пайда?
    Айчүрөктөй туубастан
    Эркек тапкан күң озот,
    Алда нечен байыңдан 
    Акыл тапкан кул озот» (Мойт аке) дейт.

Кыз өзү жар катары эркекти тандап алган Индия баарыбызга тиешелүү болбогон соң, бая элде «уул сүйсө — алат, кыз сүйсө — калат» деген эзелки чындык бар. «Карадалы — эр тандабайт» десе дагы турмушка чыкпай калуунун жүйөөлүү, жүйөөсүз себеби арбындыр, бирок, ал обу жоктор же атайын көкүткөндөй айтып жүргөндөй жалаң эркек аялдарга жетпей калгандан эмес.

«Түгөйсүз жашоо — түгөнбөс арман, түгөйсүз өмүр — түбү жок жалган» (К. Оторбаев) эмеспи? «Токол» болгондордун баарын айлакер, куу такым, бузулган деш бир ыңгай туура эместир, арасында «ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр» демекчи, жаштыгынан, тажрыйбастыгынан катынпоздорго алданып, дүйнөгө азгырылып калгандары, социалдык абалы начардыгынан айласыз ошого баргандар, бактысын таптым дегендер да бар. «Тоо токол болоор, токол байбиче болоор» дегендей, арасында өзүнчө дөөлөт күткөнү канча. Аларды кенен айтканга шарт жок.

Дүнүйөкорлук адамдын чоң кедергиси, ал таза сезимди жокко чыгарып мамилеге тоскоолдук кылат. Бир чети «кунаажын көзүн сүзбөсө — бука жибин үзөбү» деген дагы накыл турмуштун бир чындыгыдыр. «Козусунда сүткө тойбогон, токтусунда түрткөнүн койбойт» дегендей, көрүнгөн менен көп жүрүп же эрсиз жүрүп токол болгондор кийин деле бир ыңгайы келгенде шайкеш келбеген күйөөсүнүн көзүнө чөп салып, түркүн түс амал менен жашаарын турмуш көрсөтүүдө. «Айлалуу күйөө пайдалуу зайыпка үйлөнөт» болгондор канча. XVII кылымдагы бир немец акыны: «улут жок болоорунда уят-сыйытын сата баштайт» дегени чын окшойт деп чыйпыйым чыгат, анткени, адамзаттын эң ыйык деген жан жаратуучу жатыны сатылып аткандан кийин тогус толгонбоско арга жок.

«Бир кол менен эки жумуш бүтөбү? Эки аялга жалгыз жүрөк түтөбү? (Жами) дегендей, «Ынтымак жок үйдө, ырыс жок». «Аалам жаңжалынан аял жаңжалы күчтүү».

Нравалык жагынан бузулуп бараткан оорулуу коомго так диогнос коюп, айыксын деп жаратын сыйрып «дарысын» ачык сунуш кылсам «кылгылыкты кылып, кыл жип менен буугандар», көпкөндөрдүн көбү жактырышпайт. А түгүл менден кордук көргөндөй улутунуп ызалангансыгандар да болгондугуна таң калгам. «Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман» тура мындайда. Көрсө «өңдү көрсө жүз тайды» болгон эл көзүнчө маданиятуусунганы менен түбү никесиз жашоону жактыргандар, ага тымызын жан тарткандар, кыябын келтирип турмушунда колдоно албай ичинен тынгандар кыйла экен. «Жаман адам жолдошун карытаар» дегендей, «киш жакалуу бий экен, кылыгын көрсөң ит экендер» ушулар да. Анан «өзүнүн жамандыгын билбей көпчүлүк эркектер аялынын жакшы болушун талап кылышат» (А. Н. Толстой). Баары бир «өткөн өмүр табылбайт, ачылган абийир жабылбайт» (Ж. Рескин).

«Жаманга дөөлөт келгенде,
    Көтөрө албай мас болот.
    Күнүгө жаңжал чыгарып
    Катыны менен кас болот
    Пайдалуу иши аз болот» (Жеңижок) деп улуу төкмө андайларды таамай айтыптыр. Чындыгында айрымдар «жетесинде болбосо, жетелесе жетилбейт» тура.

Дегинкиси байыртадан көп адамдардын көңүл оорусунан, көкүрөк кайгысынан жаралып жан сактаткан көп аял алуучулук же 1946-ж. чейин (социализмге чейин) Югославияда официалдуу көп күйөөгө тийүүгө уруксат берилген эреже адам укугу мыйзамда баарынан жогору турган өлкөдө мыйзамсыз, анын зарылчылыгы жок. «Тең жүргөндү теңирим жалгаптыр» дейт, ушундан өтөөрү жок. Ашыкча кетүү айыпталууга тийиш, бекер жүйөө издеп убаралануунун кереги жоктур. Анткени, илгертеден эле «күнүнүн күлү — жоо».

«...Опосуз сезим — айбандык сезим, ал адамды ойрон кылат» (В. Г. Белинский). Дал ушул эркектердин опосуз сезимине чек коюп, ачык эле тыю керек! Мындай аял — эркектин эч нерсени ылгабаган жүрөнөөктүгүнөн, аягы суюктугунан нравалык кылмыш күчөп Бишкекте эле жугуштуу жыныс ооруну көп эсеге өстүрдү деп медиктер жүрөгү түшүүдө. Дагы качанкыга чейин чирийбиз? Генефонд талкаланып бүткөнчөбү?! «Жүгүрүк эрде жүз жок».

Ошондуктан, бейникеликке, жалапчылыкка юридикалык ачык тыю салып, жаза колдонгон мыйзам чыгаруу, аны көзөмөлдөө сөзсүз керек. Үйбүлөнү чыңдоо, бекемдөө, ага өзгөчө маани берип коргоо, анын кадырын коомдо көтөрүү ушул азыр өтө зарыл. Үй-бүлөлүк контракт түзүү законун кабыл алуу бышып жетилгендей, антпесе азыр эч нерсеге кепилдик жок.

«Карыса да эрине жаш көрүнгөн аял — бу дүйнөдө колунан мээр төгүлгөн аял» (Фирдоуси) экенине ишенесиң. 40-60 жаштагы аялдар толуп-ташып, бардык жагынан активдүү жашай турган учуру. Алар климакс учурунда дагы аябай кыйналып ачууланып, капаланып жүргөн учурда эринин бирге жашашы өтө зор мааниге ээ деп дарыгерлер кеңешин үзбөй айтып келатышат. «Жандай көргөн жарың чанса эмне экен? Жазмыштын бу да буйругу» (М. Алиев) деп мындай учурда отурчу кез эмес. Зайып биринчиден баланын энеси, коломтонун ээси, үйдүн куту болгондуктан канчалык кеңпейил, кечиримдүү, чыдамдуу боолуп эринин жаман адаттарын таштатууга, көбүн билмексенге салып ынтымак түзгөнгө, кечиргенге барганы менен, эсине келбей үйдөн биротоло чыгып кеткен эркектин кылыгын кандай баалайбыз? Дал ушунун өзү акыйкатпы? Же үйүн таштап никесиз бүлө күткөндөрдүн баары эле жалындаган сүйүүгө кабылгандарбы? Мүмкүн көбү жөн эле эркектик жыргалчылыкты көздөгөн акмакчылык, адамга кесир кылуу болуп жүрбөсүн? Албетте, арасында айрым эрине жакшылык көрсөтпөгөн, кыялы терс аялдарынын запкысын көргөндөр бар, бирок, баары ошондой деш ыйманга камчы чапкандык болоор. «Жакшы эрге жайсыз аял туш болот» же «Жакшы көрсөң жарыңды, бергиң келет жаныңды» болгондор арбын. Онду төрөсө да «эркек уулум жок» деп саат сайын буй кылган, кыз төрөгөн үчүн аялын коркок-билиш кылгандар дагы бар эмеспи. Бул бир шылтоо дечи, же болгон түшүнүк деңгээли ошолдур. «Жемекор ата жек көрүндү болот». «Эрден багы ачылбаган аял, эшекке токулган аргымак ээрдей» дейт чыгыш эли. Жаныңда турмуштун ысык-суугун өзүңдүй туйган, кыйышпас жан күйөөрүң, түркүгүң болбосо а-бу деп чычалап, сыр бербеген менен бири кем дүйнө да. Асылын коргоп, ардактап, көздөп алаар мыктысы болбосо ким көрүнгөн кир колу менен кармалап, баркын кетирет тура. Асылзаттын арбынынын асыл теңи жок, таалайы тайкы болгонунун себеби эмнеде? Ошентсе дагы эрди катындын ортосунда чын ыкластан, табигый түшүнүктөн түшүнүү, жамандык жакшылыкта кол үзбөйбүз деп бирин-бири колдоо, кадырлашуу, «карыганда берсин дөөлөттү» деп асылданып асыл жар болуу аз өмүрдө өтө зарыл го? Өтө зарыл! Эң сүйүктүү-сүйгөн жар эмеспи, ушуга маани бербей көр оокат үчүн тытышып, болоор болбос нерсе үчүн кермур айтышып көңүл калтырып, далай өмүр, аз ырахат, көп кордук менен өтүп атканы өкүнүчтүү... Сыягы, адам ниетин, пейилин оңдоп, абийир күтпөсө тазалануу болоору күмөн го...

«Аял менен айтышкан эрдин аброю кетет», «аялга – мактоо, аргымакка – таптоо», «аялы аңдыгычтын, эри каңгыгыч», «аялың ажаан болсо алыстайсың», «бойдок катын – ойноок катын», «жубайы ажылдак жубун кажылдак кылат», «кагынчаак кайыненеге багынчаак келин чыкпайт», «катын урган эрдин касиети качат», «катындын кара жини кармаса кайтпайт, каткан сырын айтпайт», «эмчектүү аял үмүттүү, эрсиз аял күйүттүү», «эркектин жаманы – зайыпаана, аялдын жакшысы – жайкама», «эр – чачат, аял – катат», «эри – ыркырак, катыны – чыркырак» деген элдик накылдар жубайлык жашоо өтө татаал, катаал экенин тастыктайт. «Ырыс алды ынтымактан» өткөн чындык жок.

2000-жыл, сентябрь

 

НАМЫС ӨКСҮГҮ

«Элге эр кымбат, эрге эл менен жер кымбат» дегендей, илгертеден эле ата-бабабыз ар намыс, абийирди бийик баалап, алар кишидеги мыкты сапаттардын бири экенин айтып келишкен. Абройу бийик элдин ар намысы дагы бийик болот. Жаш, кары дебей адамдын кишичилик сапатын баалаганда дайым ыймандуу, абийирдүү, ар намыстуу деген касиеттер ири алды айтылып сыпатталат. Ар намыс иштин өтөлгөсүнө эле чыгууда эмес, баатырдык кылсаң да, кыжаалат иштин ажаатын ачсаң дагы, абийир тутууда дагы ар намыска келип такалаары, арийне чындык. Бирок, жандүйнөсү татаал, ары катаал, түркүн информацияга каныккан кексе замандаштарыбыздын ар намысы, абийири, ыйманы кандай деген санаа опуртал ойду жаратат. Баатырдык жалындуу демилгелер эмнегедир пасаңдады. Дегеле андай нерсе болбогондой сейрек. Бир чети коом адеп, абийир, намыс жагынан талкаланганда ал адам тарбиясына чоң залакасын тийгизет тура. Адам дили, кунту, жан дүйнөсү жеке байлык топтоо максатына, жан бактылыкка оодук тартып баратканы, мүмкүн патриоттук сезимдин өксүк болушун шарттайбы?

Баам салганга, бир ыңгай өспүрүмдөрдүн, жаштардын ар намысы упаранып кеткендей ичиң толбойт. Балким, андай деле эместир... Жаштарда таза, жалындуу азаттык сезимге караганда тар пас, менчикчил талап басымдуудай. Тарбия башаты үй болгон соң-баланын сезиминин туура калыптанышына, дүйнөнү туура баамдап кабыл алышына үйдүн таасири өтө чоң. Баарынан мурун адамдын жеке көз карашы, дүйнөгө, турмушка болгон кабылдоосу, позициясы намыстан, абийирдин канчалык даражада адамдын өзүндө болушуна дагы байланыштуу жана чоң мааниге ээ. Азыркы күндө балдар чоң турмушту көрө элек көз карашы калыптана элек жатып жандүйнөсү талкаланууга учураган. А түгүл, колунда жок болсо өз ата-энесине ишеним артышпайт. Анан бүлүнгөн жан-дүйнөдөн атуулдук чоң жоопкерчиликтүү-ата мекенди сүйүү, элин-жерин коргоо деген намыстуу сезимдерди талап кыла алабызбы? Жалпы мамлекетти коелу, ата мекен өз ата-энеси, үйү деген күндө дагы жаштар өз ата энесин бакпай таштап кетип, карабай калганы качан? Азыр мен кыйынмын деген эркектер деле ата-энесине сейрек каттайт, айда-жылда бир караанын көргөзүп койгону болбосо, балалык түйшүктөн эчак арылып ата-энесине жан дүйнөсү бейтааныш, чочун, өз кызыкчылыгын гана көздөгөн жыты тааныш адамдар . Арийне, бул ачуу чындык. Ата-энеси өз колунда болгондор деле жакшылык көрсөтпөй, өз ата-энесин кагып силкип, кээ бир эси жоктор өкүртө сабап кордук көрсөтүшкөнү турмушта жолугат. Ата-эне менен баланын ортосундагы мамилеге качан зак кеткен? Буга ата-эне өзү күнөөлүү эмеспи? Албетте, жооп миң түркүн. Ата-энени ардактоо чоң салт. Ата-энесин ардактабаган бала мекенин ардактайбы?

Ушу тапта, бардыгы акчага багынган, табынган, ошо акча тагдырыңды калчаган шум дүйнөдө ар намыс кандай деңгээлге түштү? Деги эле намысы жок адам болобу, деген ойлор мени кыжаалат кылчу болду. Анткени, акчага ишенимиңди, абийириңди, намысыңды дагы сатып турган учурда минтип күмөн санабай коюга дагы мүмкүн эмес. Сөздүн ыңгайы сокур намыс жөнүндө эмес, «сокур намыс баш жарарын» илгери эле бабаларыбыз айтып, ага өз баасын берген. Намыс адам төрөлгөндө эле эне сүтү менен кошо жарала турган тубаса, табигий сезим го. Кыргыз бу намыска эмнеге чоң баа берген? «Эр намысы — эл намысы» деген сөз деле бекер чыкпаса керек. Азыркы жаш муундардын ата мекенге болгон урматтоосу, анын тагдырына күйүп-бышуу, ага жан тартуусу жөнүндөгү сезиминин бошоңдугу кооптондурат. Ата журтун, эл жерин коргоп, өз элин сүйүү аны өзүнүн бир ыйык милдети катары көргөн жортуулчул заманда ошо эр жигиттин баатырдыгы, тайманбастыгы, намыскөйлүгү чоң даңаза болуп, эл ага катуу сыймыктанышчу тура. «Эр ачтан өлбөйт, ардан өлөт» деп. А бүгүнкү эр жигиттер аскерге кызмат өтө десе жалаңкыч көргөнсүп түрдүү амал менен жоопкерчиликтен өзүн оолактатат. «Кызмат өтөйүн» деген дилгир ниети да жок. Качканы качып, качпаганы арага тааныш салып, пара берип бошонууда. Аскерге барганда дагы ылайыктап түрдүү шылтоо айтып, аскер тартибине көнбөй ата-энесин кыйноого салып, бушайман кылгандар четтен табылат. «Элди сүйгөн озоор, элден качкан тозоор» дейт эл накылы. Көбү жасалма документ жасап оорулуу деп бошонуп кетүүдө, элдин генефону жабыркаганбы бүгүн кыргыз солдаттары кедейип кичине, арык, ага кошул-ташыл болуп тамтыгы чыккан өтүк, шинел кийип жүдөп жүрүшөт. Көзгө толумдуу аскердик зоболо көрүнбөйт. Кунары качып, кайра ишенимиңди солгундатат. Албетте, аскердеги тамак-аштын жетишсиздиги, тартиптин жоктугу, «дедовщина» сыяктуу ж.б. терс көрүнүштөрдүн көбөйүшү дагы, кендирди кескен көйгөй. Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамы менен уюштуруу-тарбиялоо иштерине, аскердик катуу тартипке моралдык-күжүрмөн жогорку рухка, ата-журтка ак ниет кызмат кылууга, аскерде кызмат өтөгөндүгүнө сыймыктануу сезимине жетишүүгө өзгөчө маани берүү жагына жетиштүү иш чаралар көрүлбөгөнү, солгун болгону бул иш өтө татаалданып баратканын билдирет. Бардыгын эле мамлекеттик бюджеттин тартыштыгына шылтай берүүгө болбойт. Бийик сезимге тарбиялоо, аны жалындатып намыс менен көкүрөктө алып жүрүү дагы адамдын ички жан дүйнөсүнүн тазалыгын, күчүн, кубатын, бийиктигин көргөзөт. Сыягы, аскер арасында талаптагыдай адептик, ыймандык, абийирдүү кырдаалдын түзүлбөгөндүгү, тартиптип начардыгы дагы «эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк» болуп, солдаттардын качып кетүүсүнө, кылмыш кылуусуна өбөлгө болгондой. Дегеле биздин солдаттардын адистик күжүрмөн даярдыгы чындап бардыгын шексинтет. Анын бетин ары кылсын, кокус бирдеме болсо ата мекенин таштай качуу четтен чыгат го. Анда эл кимге ишенет? Кара башын арачалап качып кетпейт деп ким кепил болот? Ишенген офицерлер курамында кайдигерлик, мыкаачылык, кенебестик, демилгесиздик, ишке көңүл коштук, тилекке каршы, өтө арбындай. «Өөн бириксе тон болбойт, ынтыкмак болбой эл болбойт» болуп, алигиче уюштуруу иши дагы талаптагыдай эмес экени өкүнүчтүү. Албетте, «такыры жок жер болбойт, жакыры жок эл болбойт» дегендей, бирин-экин болсо бир жөн, а бирок, бүтүндөй армия жакырчылыкта, тартипсиз болушу мүмкүн эмес го. Андай дебейин десек, анда неге, балдар армиядан качып кетүүдө? Эмнеге кылмыш көбөйүүдө? Буга бир эле кийим кече, акча, тамак-аш менен өз убагында камсыз кылынбаганы эле себеппи? А мүмкүн, балдар чындап эле ата мекенди сүйүү сезиминен өксүктүр? Же катаал сыноого туруштук бере албай жатышабы? Андай болсо мамлекеттин өз алдынчалыгын ким сактап, коргойт?

Аскерде жоопкерчиликтен качып кылмыштарды жашырып жаап коюлар ачыкка чыга баштады. Сабагандан тышкары, тынч убакта өлтүрүүлөрдүн ич ара болуп жатышы жакшы көрүнүштүн жышааны эмес. Андай шумдукту уккан кайсы ата-эне баласынан санаасы тынып аскерге берет? Мындайда ата унчукпаса да, ыйык эненин өзөгү өрттөнөт го. Буга офицерлердин көбүнүн өз ишин тыңгылыктуу билбегендиги, паракорлугу, кенебес-жалкоолугу дагы аскердин даярдыгынын төмөндөшүнө себепкер сыяктуу. Тынчсыздандырган нерсе: бара-бара курал-жарактарды кызыл кулактык менен буйдамалап уурдап сатуу, тилекке каршы, ошол куралдарды аскер адамы тарабынан кылмыштуу максатта колдонулушу байкалат. Натыйжада аскерден качуу, кылмыш кылуу көбөйүүдө. Аскердик укук бузууларды болтурбой кою кимдин колунда? Сыягы, армияда толук кандуу аскердик жаңылануу бышып жетилгенсийт. Өзгөрүү болбосо аскердик уставдын эреже, жоболорун билбеген чала сабат офицерлерден кантип тазаланууга болот? Аскерде тааныштык, уруулук, паракордук өкүм сүргөнү эч даярдыксыз кадрларды кызматка алып, мезгилсиз чин берүү күчөдү. Өкүм зордуктун кордугуна чыдабагандар айласыз күнөөкөр болууда. Аскерди социалдык-экономикалык кризистен чыгаруунун жолу барбы?

Ар бир жаш адамды адепке, элдик патриоттуулуктун өрнөгүнө үйрөтүүгө офицерлер кызмат жагынан парз. Ата журтка берилгендикти ага сыймыктануу бийик сезимин туруктуу калыптандыруу зарыл. Дегеле атуулдук сезимде ыргылжыңдык болууга тийиш эмес. Баарынан жаманы атуулдагы намыстын өксүгү. Көкүрөктө намыс, ар болбогон жерде атаандашуу, аракеттенүү, өсүү дагы болбойт. Чынчынына келгенде, намыссыз жаштар коомдун өсүшүн бузат. Алар эч качан ачылыш жасап, үлгү көрсөтүп жакшы жашоого, окууга, иштөөгө умтулушпайт. Көбү эптеп-септеп жашаган өлбө жаным өлбө деген күнүмдүк күн өткөргөнүнө ыраазы болушат. Жалаң гана байлыкка азгырылган сокур сезим эч качан жакшылыкка алып келген эмес. Кара курсактын камынан тышкары, жогору турган улуу нерселерге умтулуп көрүшү керек. Жок эле дегенде азыр начар жашап жаткан ар бир адам жакшы жашаганга «тигилерден эмнем кем» деп неге арданбайт? Алты санын аман, дени карды соо туруп намыстанып, белин бекем буубаса алардын колуна ким талкан салып берет? Эч ким! Турмуш минтип кычап, алка жакадан алып, шайды оодарып айланы кетирип турганда «санаасы жок сары сууга семирет» болуп, тирлигин жөндөбөй өз кешигин өзү соолтуп, дейди турмуш күткөн кишилердин тобу өсүп баратканы өкүнүчтүү. Намыссыз болбосок ышкоолукту, жалкоолукту, кайдыгерликти качан таштайбыз? Жаман адаттардан качан кутулабыз? «Абийириң – арың дагы, дарың дагы» эмеспи. Эмнеге итчиликке жапырт үйүр болуп кеттик? Нарк жолун эмнеге ар ким жүйөөсүз талкалоодо? Ырыс, ынтымак, ыйманды качырып ордуна табаарыбыз эмне? Андан көрө «жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» деген эзелтен келаткан эл сөзүн жылоолоп, эмгек этсек турмуштун эбин табаарбыз. Мүмкүн, жакыр жашап жатканыбызга намысы жок ышкоолугубуз, аракетсиздигибиз себептир. Кандай болгондо да элде ыйман, абийир, намыс өксүгү даана сезилип калган экен. Эми, ал өксүктү кантип толтурабыз?

1998-жыл, 9-январь

 

ТОПУКСУЗ ТОЙЛОР

Ата Мекенибизде эмне көп? Той-аш, Арак, Оору. Алып сатарлар жана кылмыш көп. Эл жарды. Кызыл кулактардын алды «жарды бай болсо, үч жылы жардылыгын кое бербейт» болуп турат. Көбү Совет өкмөтү кайра тирилип кетпесин деп, өз оокатын өңгөлөргө жаздырып, саксынып өңүп жатат. Ал кууланып жаткандагы кербези. Заман катаал деген сайын ага деле болбой атаандашып той-аш өткөрүү боюнча алгалагандар көп. Тойдун критерийи чачкын, шааниси күч. Өзүм билемдик өкүм сүргөн. Той өткөрүү өнөкөтү мамлекеттик көрүнүш болуп, элди кыйноо менен өткөрүлгөнү ойлондурат. Же жергиликтүү бийликтерде илгертеден эле той-аштын чыгымын жалпы эл көтөрүп келген деген түшүнүк жаңыланганбы, айтор, тарыхый даталары, жагдайы историзм принцибинде иликтенбесе деле, ылайыгы келбесе дагы ар бир айылдын, райондун, мектептин, көчөнүн, шаарлардын, ар кылка инсандардын мааракелерин тойлоп, каржалып турган элден тойдун салыгын алып, келген конокторду мажбурлап, кыйнап тостуруп, сыйлаттырганы кызылдай мээнетке айланды. «Карыз – кара оору, санаа – сары оору» экенин бийлик билгиси келбейби. Чыгымдын баары дээрлик тамак-ашка жумшалат. Той десе эле Ала Тоодой эт, Ала Көлдөй чык кылып, аракты суудай агызып жиберет эмеспизби.

Токмоктун 130 жылдыгы, Нарындын — 70, Жалал-Абаддын — 120 ж.б. болуп, эмне жыйынтык чыкты? Азыркы жетекчилер иштеген ишинен эмес, той өткөрүүдө көрүнүп калбадыбы. Парадокс көп, шаарлардын пайда болуп, өсүп чыгышы сыяктуу айрым шарттар эсептелбей, кийин орус падышалыгы жана совет өкмөтү берген шаар статусун башат деп эсептеп, мерчем кылып алгандыктан көп шаардын тарыхый датасы туура эмес даңкталды. Жалган, жасалма тойлор өткөрүлдү. Мисалы, тээ 900 жыл мурда эле улуу Баласагын доорунда Токмок шаары байыркы борбор катары кызмат өтөп чыгыштын бир топ тарыхый, адабий мурастарында белгиленген. Анан анын 130 жылдыгын конкреттештирип, кунарсыздандырып тарыхый калпыстыкка жол берүүгө болор беле? Тою өтүп, шаар кандай инфраструктура, социалдык-экономикалык утуштарга ээ болду. Той эсепсиз көп тамак ичүүнүн объектисиби? Чыгыш дарбазасы аталган тарыхый Токмок шаарынын даңазалуу тарыхы өзүнчө изилденүүгө татыктуу.

Ал эми Карахан доорундагы 60 шаардын бири болуп, 9-10-кылымдарда монгол империясынын кордугун көргөн, Темирландын жортуулун, Кара Кытайдын зомбулугун башынан өткөрүп 1780-жылы курула баштап, 1785-жылы Жибек Жолу көпүрөсүн салып бүткөн Нарын шаары кечээ Со¬вет кезинде эле 1927-жылы шаар статусун алыптыр деп 70 жылдык өткөрүүнүн канча кажети бар эле? Эл тарыхынан жер тарыхы кыйла бай, ар тараптуу жана эзелки көрүнүш. Кошоматчылык жана кайдыгерликке алдырбаса, тоо элинен бирөө «андай эмес, мындай» деп калыс сөзүн убагында айтып талашса, тактык жаралмак. Эгер ушундай жарамсыз ойкелди принциптен той өткөрсөк 1875-жылы шаар статусун алган берекелүү, байыркы Ош шаарынын 3000 жылды¬гын кандай жүйөгө негизденип өттү? Статус чоң факты болсо, анда Ош шаары 123 жашка чыгыптыр. Бул күлкү келтирерлик эмей эмне? А Сүлүктү качанкы эски шаар, бирок ага 1940-жылы шаар статусу берилиптир. Анан ошол күндөн баштап шаар болгон деп кантип айтабыз? Демек, мындай баш-аламан, сабатсыз аныктоо кыргыз элинин тарыхын бурмалагандык же өз тарыхын билбей колдо бар алтынды коромжуга учураткандык. Кийинки муун бүгүнкү жаңылыштыкты актоого, оңдоого тийиш. Кыскасы, бийликке жагынып, өзүн көрсөтүү үчүн топураган тойлорго кызыкпай, ага далдаланып карьерага умтулбай ириде шаар, эл-жер тарыхын терең изилдесек, окумуштуу, тарыхчы, археологдордун тактоосун алып, Ата Журт тарыхын өздөштүрүп алып, анан тойдун зарылчылыгын ойлосок деген эле пикир. Жеке өзүм элдин, жеримдин та¬рыхын бир кылым менен эле ченеп-бычып, көрөңгөсүн төгүп-чачып, азайткым келбейт, анткени, кара кыргыз тээ байыркы көөнө эл, анын тарыхы өтө бай, узак.

Ал аз келгенсип анча белгисиз, болсо ортозаар, бир уруунун канкору аталган уруу башчылары «эл адамы болучу, бүт элдин баатыры, акылманы, көсөмү болчу» делип, жалган ураан көтөрүп куру даңазалоо, уюша калып анын маараке дүңкүлдөктөрүн болжоп өткөрүп, аброй алуу, атаандаштарга тыңсынуу күчөдү. Алардын аттарын айылга, көчөгө, мектепке берүү сокур модага айланууда. Дегеле, колдон келсе, топонимиянын принциптерин сактоо зарыл, адам аттарын жерге берүү такыр туура эмес, анткени, жер тарыхы — эл тарыхы. Мындай осол ишти закондун негизинде жою жагдайы мамлекет тарабынан тез колго алынууга тийиш. Анын үстүнө «наны жок чай курусун, кайыры жок бай курусун», «бай тойгонунан ынтыгат, кедей ачкалыгынан ыктытат», «колдо жоктун айынан, колтойгон уулум бой жүрөт» болуп турган кызыл тумшук заманда жарды-жакырды, томояктарды кыйнап той өткөрүү кимге зарыл? Же «байга күндө майрам, күндө той, кедейге күндө кайгы, күндө ой» боло бериши керекпи? Мындай учурда «бай балтаң, кедей жалтаң» болот, анткени, жоктун жону катуу.

Эми эл ичинде өз сүймөнчүгү, тойчугу болгон нерселер болот. «Ар үйдүн өз коногу бар», – дегендей, жакшы ниет — жарым ырыс. Бешик той, тушоо кесүү, сүннөткө отургузуу, үйлөнүү тою, мүчөл жаш, түрдүү түлөөлөр ж..б. жеке инсан салт-санаада, тирүү пендечиликте аздектелсе эч ким каршы болбойт деңизчи. Бул турмуштун жүйөөсү, жакшылыгы ар кимдин насибине жараша. Бирок, кээ бир ашкере байлар жеке үй-бүлөлүк жакшылыктарын деле «аш көп болсо, каада көп» кылып, ыгы жок төгүлүп-чачылып, мактаныч менен өткөрүп, куру атаандашууга жол берүүдө. «Көгөндөн бий койсоң, көзүңдү оюп жейт», – деген эл накылында чындык бардай. Анткени, жанагы эл, жерге байланыштуу ысыраптуу ыксыз чоң тойлордун ырааты, жакшылыгы жалпы элге тийбейт, тек гана той өткөрүү ичип-жемейдин официалдуу бир формасы, булагы болуп бараткансыйт. Көөнүң толбойт. Илгери бирөө итке минип кедейленип, такыр жарыбай, жолу болбой кара курсак болуп, айласы кеткенде: «жалгабаган кудайга, жалынбасам не болот», – деп күмөн санап күбүрөнөт дейт. Андыктан, андай элге пайдасы жок, ыгым-чыгымы, түйшүгү көп, амбициялар үчүн өткөрүлгөн ысыраптуу «манап» тойлордун кажети барбы? АНдан көрө ошолорго кетчү олчойгон чыгымды ошол айылдын, мектептин, район, шаарлардын архитектурасы, социалдык-экономикалык абалын көтөрүү, чыңдоо иштерине жумшаса пайдалуу эле болчудай. Канчалык «байлык мурат эмес, жоктук уят эмес» деп илгерки шартка ылайыктап элди соороткон менен, ушул азыр бардар жашоого көп жаңы мүмкүнчүлүктөр, шарттар түзүлүп, жол берилип турганда тынбай эмгектенүү зарыл. Жолу турган соң, жакыр жашоо-уят. «Бай бары менен жашайт, баатыр алы менен жашайт», «байдын баркы бар, кедейдин дарты бар», «байдын санаасы – байлык, жоктун санаасы – айлык», «байлык бакылдатат, жоктук закылдатат» болуп турганда кызылдай мээнет менен тапкан ырыскыңды куру намыс үчүн топуксуз тойго ысырап кылуу өзүңдүн шоруң. Эмгегиңди баалабагандык, бир чети элиңдин тарыхын билбей, дөөлөтүнө кол серпүү менен барабар. Топуксуз той¬лордун арааны токтосо элге сеп.

Рух, зоболосу бийик, анык тойлордун жөнү башка.

1998-жыл, 3-март

 

КЛИМАКС КЫЯМАТЫ

Климакс физиологиялык табигий оорулардын бири. Улгая баштаганда болот. Бул боюнча сексопотолог, дарыгер Күлчоро Аскаровго публицист К. Сыдыкова бир нече суроолор менен атайын кайрылган. Учурдан пайдаланып кыргызда биринчи жолу өз эне тилинде сексопотолоия боюнча «Эки жүрөк, бир сүйүү» деген китеп жазып жарыкка чыгарганын эске салмакчыбыз.

 

— Климакс аялдарда канча жаштан башталат? Бул оорунун өзгөчөлүгү эмнеде?

— Климакс деген — аялдардын айызы токтоп, келбей калгандагы мезгили. Америкалык сексолог Дэвид Рейбондун сөзү менен айтсак «климакс — бул аялдын эки энелик безинин өлүшү». Аялдардын климаксы көбүнчө 47-48 жашка чыкканда болот да 1,5 жана 2 жылга чейин созулат. Кээ бир аялдардын климаксы эрте, 40 жашка чейин болушу мүмкүн. Айрымдардыкы кеч, 55 жаштан кийин болот. Бул ар бир адамдын организминин өзгөчөлүгүнө жана жашоо образына жараша боло турган нерсе. Дал ушул учурда аялзаты көп түйшөлүүлөрдү башынан өткөрүп жабыр тартышат. Анткени, аялдардын этек кири токтогондон кийин аялдын денесинде көп өзгөрүүлөр боло баштайт.

Мисалы, аялдын жүзүнө бырыш-тырыш түшүп, чачтары кургап түшө баштайт. Жыныс кыны кургап, чоюлгуч касиетин жоготуп жукарат. Эмчектери кичирейип, бош болуп, салаңдап калат. Жатыны кичирейет. Ушул учурда жыныстык жагынан каалоосу өтө төмөндөп кетет.

Климакс келген мезгилде, кээ бир аялдардын денеси ысып-күйүп, аябай тердейт. Майда кан тамырларынын кеңейип кетишинин себебинен, башына кан тээп чыгат, башы айланат жана башы ооруйт. Бети, моюндары кызарып чыгат. Жүрөктөрү бат согуп, түкүлдөйт. Уйкусу качып, тынчы кетет. Айрым аялдардын башы айланып, ооруп кеткени, бир күндө 10 жолудан 20 жолуга чейин башына кан тебет. Мына ушул учурда алардын жан дүйнөсү кыйналып, өзүн өзү кармай албай чыргоолонуп ачууланат, ыйлайт. Сиркеси суу көтөрбөй урукчаак болот. Кабагы бүркөлүп жабыгып капаланат. Себепсиз эле көңүлү чөгө берет. Бир нерсени эстеп калуу касиети өтө начарлап кетет. Бирок, мунун баары эле бардык аялдарда боло бербейт. Кээ бир аялдардыкы өтө жеңил, кыйналбай эле өтүп кетет.

— Зайыптар ушинтип табияттан жабыр тартып, кыйналып климакс болуп аткан убагында эркектер аялдарга кандай мамиле кылыш керек?

— Климакс убагындагы аялдын кыйналуу абалын түшүнгөн эркек, бул чыныгы акылдуу жана маданияттуу эркек болуп эсептелет. Эркек, аялдын үй турмушундагы кир жуу, тамак жасоо балдарга тамак берип, кийинтип, тарбиялоо ишине жардам берип бардык ишине кол кабыш кылып, түйшүгүн жеңилдетиш керек. Көбүнчө жакшы, жагымдуу жылуу сөздөрдү айтып, көңүлүн көтөрүш зарыл. Аялдын каалаган тамагын алып берип, таза абага бат-бат чыгып, чогуу эс алуу менен бирге анын оюндагысындай болууга аракеттениш керек. Антпей, тескерисинче, кээ бир терс аяктар кычап аларга өчөшөт, аны туталанганына орой мамиле жасап, көңүл бөлбөй сөгүп-сагат, айрымы атүгүл колу тийип, дал ушул учурда кыянаттык кылып карабай же чанып кетиши туура эмес. Ал эми төшөктө аялына өтө назик, жапакеч мамиле жасап, сылап-сыйпап, өөп, жаш кезиндегидей эркелетип жыныстык делбесин козгоп, жагымдуу жакшы сөздөрдү айтып, жан дүйнөсүн жазып, дайыма жыныстык катнашты үзбөй жасап туруш керек. Бул мамиле, менин «Эки жүрөк, бир сүйүү» деги китебимдин «Төшөктөгү наздануу» деген бөлүмүндө жакшы жазылган, ошондо эркектин бел суусу (уруктук суюктугу) аялдын жыныс кыны аркылуу канга сиңип, аялды дарыялоочу, эң бир күчтүү дары катарында кызмат кылат.

— «Климакс убагында, өмүр бою турмушка чыкпаган кыздар жинди болуп кетет деген чынбы?» деген кат бар экен. Кокус, ушундай болсо адис катары эмне кеңеш бере аласыз?

— Жок, жинди болбойт. Бирок, бул картаң кыздарда климакс белгилери өтө татаалырак жана оор түрүндө өтөт. Ошондуктан, мындай кыздар климакс убагында, ар кандай дене машыгууларды жасап, сууга сүзүп же суу менен чайканып, эс алыш керек. Гинеколог-дарыгерлердин көзөмөлү, кеңеши менен гормондордон жасалган дарыларды ичиш керек же ошол гормондордон денеге ийне сайдырып, айыгыш керек. Ошондо климакс жеңил өтөт.

— Ар кандай шарттарга жараша ажырашып, жесир калып ж.б. болуп аялдар арасында жалгыздык көп жана импотент эркектерге туш келип убайымга калгандар бар. Климакс, жыныс жагынан активдүү жашабаган аялдарда кандай өтөт?

— Катуу болот, бул илимде толук аныкталган. Көп аборт жасаткан жана жугуштуу жыныс оорулары менен көп ооруган аялдарда климакс өтө татаал жана оор өтөт. Айрыкча, кыргыз аялдары, «эми карып калдык, балдарыбыз бойго жетип калды, же неберебиз болуп калбадыбы» деп, өзүн өзүлөрү катуу басынтып, физиологиялык, биологиялык жана психологиялык закон ченемдерине каршы чыгып, эски, зыяндуу үрп-адаттан чыгалбай, жыныстык катнаштан баш тартышат. Өзүлөрү да кыйналат. Эркекти да кыйнашат. Күйөөлөрү (эркектер) узак убакытка чейин, жыныстык катнашты жасабаса, жыныстык жагынан ал-күчү кетип, аялга жарабай «шал» болуп калышат.

Күйөөлөрү кыйналгандан айласы кетип, башка аялдарга барууга мажбур болушат. Кээ бир аялдардын жыныстык жагынан эңсөөсү, эркектерди каалосу 40-45 жаштан кийин өтө күчөйт. Мына ушул мезгилде аялдарына таарынган эркектер ойнош күтө башташат. Башка аялдар алар үчүн сүйкүмдүү да, анын төшөктөгү наздануудагы бардык каалоосун аткарган, жагымдуу айымдар болуп чыга келишет. Анын үстүнө, башка аялдарга барганда эркектердин жыныстык ал-күчү күчөгөндөй сезилет же чынында эле убактылуу күчөйт, бирок, анан баары бир, жаратылыштагы өз ыгына келет. Ушул мезгилде ажырашуулар көп болушу мүмкүн...

Эгер жыныстык катнаш убагында аялдын жыныс кыны кургап ооруса, аялдын эстроген деген гормонунан жасалган крем же жакшынакай башка кремдер менен жыныс кынынын ичин майлап коюш керек. Ошондо жыныс кынынын ичи жибип, мурдагы өз калыбына келет. Же эстроген деген таблетканы ичип же эстроген деген дарыдан ийне сайдырып алыш керек. Ошондо аял жашаргандай болуп өз калыбына келет.

Дүйнөгө белгилүү болгон дарыгер-сексопатологдордун илимий жагынан негизделген, керектүү кеңештерине көңүл бурсак мындай: Аялдар күйөөлөрүн сөзсүз эле жыныстык катнаш менен ыраазы кылбай, башка нечен түрлүү секс ыкмалары менен деле бел суусун түшүрүп, көңүлүн жайлап, эс алдырып койсо болот да (ал ыкмалар «Эки жүрөк, бир сүйүү» деген китебинде берилген). Ошондо, бир-биринин көзүнө чөп салуу, СПИД, котон жара жана башка оорулар же ажырашулар болбойт эле.

Аялдарда, климакс белгилери кандай гана өтпөсүн жыныстык катнашты үзбөй бир деңгээлде жасап туруш керек. Эркектин уруктук суюгунда 20дан ашык, аялдын ден-соолугуна керектүү гормондор, белоктор жыныс кыны аркылуу кынына сиңип аялдарды көп оорутпайт. Ошондо аял дагы, эркек дагы бат карыбай ден-соолукта узак жашашат.

— Эркектерде климакс болобу?

— 45-50 жаштарында болушат. Бирок аларда стихиялуу болуп, жеңил өтөт, кээде, көп билинбеши дагы мүмкүн. Ошол учурларда жүрөгү ооруйт. Кыялы өзгөрүп майдачыл, кыйкымчыл боло башташат. Климакс учурунда эркектин жынысы начарлап аялды ойдогудай канагаттандыра албай кер-мур айтышкан учурга туш келет, анткени, 45-50 жашында аялдар жыныс жагынан эңсөөсү күчөп өтө активдүү болушат. Ушундай учурда алькоголу аз, таза, кызыл винодон күнүгө эркектер 350 грамм вино ичсе пайдалуу. Ашык ичпөө керек, ашыкчасы зыян.

— Климакс убагында аялдын «эки энелик безинин өлүүсүнөн» кыйналуу абалын кантип жеңилдетсе болот жана аны дарылоонун жолдору барбы?

— Сөзсүз жеңилдетсе болот. Ушул мезгилде аялдарды, дарыгерлер, гинеколог, терапевт, невропатологдор биргелешип дарылашы керек. Эртең мененки дене-тарбияны, дарылоо дене тарбиясын жасап, бүткүл денени укалатып, таза абада бат-бат жүрсө климакс жеңил өтөт.

Аялдардын бузулган нерв системасын оңуна келтириш үчүн, жогоруда биз айтып кеткен дарыгерлердин түздөн түз көзөмөлдөөсү менен берилген-френолон, триоксазин, валериананы, элениум, мепротан деген жана башка дарыларды ичиш керек. Адис гинеколог менен бирге гормоналдык дарылоону жакшы өткөрүш зарыл. Башына кан тээп чыккандагы баш ооруну, баш айланганды басыш үчүн -А, Е, В1, В6, С, РР деген витаминдерди, 2% раствор (эритме) новокаин менен денеге ийне сайып дарыланыш ийги. Эң негизгиси жыныстык катышты үзбөй, өтө берилип бир деңгээлде жасап жашоо керек.

Россиянын окумуштуусу, профессор В,Краснопольскийдин «Климаксты дарыласа болобу?» деген макаласынан бир топ керектүү кеңештерди келтиребиз.

1. Дене тарбияга өтө көңүл буруп, жашка карабастан дайыма машыгып, денени чыңаш керек.

2. Климакс оорубай жеңил өтүш үчүн, сояны (буурчактын бир түрүн) күнүгө жеш керек, 25 грамм соянын белогу кандагы жүрөк оорусун чакыруучу майдын көлөмүн азайтат. Жапон аялдары сояны көп жешет, ошондуктан алар эмчектин залалдуу шишик (рак) оорусу менен оорушпайт жана сөөктөрү катып, бөкчөйүп карышпайт.

3. Этти жана тооктун этин аз жеш керек, себеби, сөөктү катуу кармап туруучу кальций деген затты азайтып жиберет. Көбүнчө жер жемиштерин, мөмө жемиштерин күнүгө 400 граммга чейин жеш керек.

4. Тамеки чеккен жана арак ичкен аялдардын беттери бырышып бат карышат жана климаксы эрте башталат.

5. Күнүнө 150-200 грамм (бир стакан) «Барон», «Кадарка», «Бычая кровь», «Шопат маноха» ж.б. өтө сапаттуу, таза, алькоголу аз, кызыл таттуу вино ичиш керек. Эгер көп, 3-4 стакан ичсеңиз эмчектин залал шишик оорусун пайда кылат.

Эгер аялдар өз ден-соолугуна камкор мамиле кылып сактанбаса эч ким сактабайт. Ириде адам өзү бактылуу болгусу келсе бардык ооруну аң сезимдүү, түшүнүү менен жеңсе баардыгы жеңил болот.

«Көөнүңдү суутканга, көңүлүңдү жуутпа», «көңүлдүн калганы – өмүрдүн арманы», «көңүлү түшкөн көзүн албайт», «көңүлүң менде болсо, өмүрүм сенде болор», «сынган көңүл сылык мамиледен айыгат», «так түшкөн көңүл тазарбайт», «гүлдөгөн келинге – бүрдөгөн жигит», «күкүк – тал менен, күйөө – жар менен», «чыгаан аялдан – кыраан уул», «эстүү күйөөгө – эптүү колукту», «бедери барды бел тут» деген макалдар жубайларга тиешелүү.

– Ырахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик каалайбыз.

1997-жыл, 10-ноябрь

 

УШУНДАЙ ЭКЕН

Дүйнөнүн жарымы азыркы аралашма Американы туу тутуп туурашат. Америкада күн чыгыш туурай турган асыл, жакшы нерселер деле аз. Алардын аялзатына болгон мамилеси, закондору кандай? Эмнеге ал жагынынан туурабайбыз? Демократиянын өнүгүү мезгилинде ар эл өзүнүн деңгээли, каада-салты, түшүнүгү боюнча түрдүү жол-жобо, эрежени пайдаланат. Көрсө, биз жыртык шымына чейин көзү жок көгөнчө туураган Америкада, калыптануу жылдарында Аризон штатында сот: шаарга келгенде жылаңач жүргөн эркектер штан кийип келүүсүн баарына милдеттендириптир. «Жумасына бир жолу кирингиле» деп закон менен таңуулап жатып үйрөтүптүр өз элин.

Дүйнөдө түркүн кызык көп. Американын түпкү элдеринин көпчүлүгүн Азиядан барган көөнө, байыркы кыргыздардын элүүдөн ашык уруулаштары түзөт. Америка кыргыздардын жери экени ачык айтылбай келатат. Американын Оклахома штатында жашоочулар аял менен жата турган болсо, аял өзү жазуу жүзүндө уруксат бериш керек. Анда анын ден-соолугуна зыян келтире турган боюна бүтүү болсо, сөзсүз билдирүү зарыл. Эгер ал аялзат улуттук азчылыктын өкүлү болсо, уруксат кат анын эне тилинде жазылышы кажет. Бул документти жиндилер жазган эмес, аны Оклахом парламетинин чыгаан мүчөсү, элге кеңири белгилүү инсан Клет Дитергейт жазган. Кызыгы, америка законуна, анын негизги принциптерине каршы келбеген мыйзамдарды ар бир штаттын парламенти, соту кабыл ала берет. Ушул закондордун көбү АКШнын басып өткөн жолун, тарыхын, жүрүш-турум адеп эрежесин таасын билдирет.

Өзгөчө Колорада штатындагы Лоэн графчылыгында аялзатынын абийири катуу корголгон. Булардын мыйзамы боюнча, уктап жаткан аялды эркек өбүүгө укугу жок-анткени, аны ойготуп коюшу, чочутуп алышы мүмкүн экен. Ал эми Техас жана Айовы Кодексинде бейтааныш аялзатына эркек көз кысууга же артынан ышкырууга катуу тыю салынган. Себеби, бул алардын турмуштук нускасында аялзатын сыйлабагандык, тартипсиздик, ээнбаштык деп эсептелинет. Бизде ушундай аялзатынын абийирине шек келтирбей турган катуу закон барбы? Эгер аларда бул эреже бузулса катуу жаза колдонулат, анткени, мисалы: Миссисипиде аялга тийишкен эркекти атып салууга, аларды өлтүрүп салууга закон жүзүндө граждандарга укук берилген. Ошондуктан, жоосунсуз жоругу үчүн тартипсиз киши өмүрү менен коштошушу ыктымал.

Мындан тышкары, аялдын жаагын, ээгин каздын канаты (колу менен эле эмес) сылоого (Мэн штаты), жубайлар секс учурунда сөгүнүүгө (Ореон штаты), аялынын чоң энесине үйлөнбөөгө (Кентукки штаты) закон атынан катуу тыю салынган. А түгүл, Кентуккиде куралчан болбосо купальникчен жүрүүгө, Огайо штатында эркектин сүрөтүнүн алдында чечинүүгө дегеле уруксат жок. Оклахома штатынын Лоутон графчылыгына жаздык коюлбаса эркектин тизесине отурууга абдан катуу тыю салыныптыр.

Дагы бир мисал: Миннесот штатынын законунда жубайлардын бирине бири чыгыштык кылып, көзүнө чөп салуусу боюнча мыйзам мындай экен: Күйөөсү бар аял менен башка эркектин (аялы бар же жок экенине карабай) жыныстык жакындашканына, аялы бар эркек менен күйөөсү жок аялдын ортосундагы секске тыю салынбайт экен. Баарынан кыйыны Вашингтон штатында, анткени, алардын кабыл алынган мыйзамы боюнча эреже колдонулса а түгүл, күйөөсү өз аялынын кыздыгын алууга укугу жок. Бул законду бузгандар 5 жыл түрмөгө түшөт жана 1000 доллар айып төлөйт. Бул закон аялзатына эркек тарабынан эч кандай күч колдонулбашын, бул иш аялдын өз көңүл каалоосу менен, макулдугунун негизинде гана болуусун шарттайт экен. Сыягы, адам укугу кол тийгис делген саясат дал ушундан башталса керек. Ушуларды окуп отуруп ичимден бушайман болдум, анткени, кыргыздын кыздарын сүйлөшпөй, сүйүшпөй туруп көчөдөн зордук менен жоосунсуз ала качып көңүлүн оорутуп, көкүрөгүн зилдеткен ит адаттарды, бирөөнүн сасыган байлыгына карап түшүнбөстүктөн жашы жете элек 14,15 жаштагы кыздарды калыңга улгайган күйөөгө саткандарды ойлоп жүрөгүм ачышты. Мезгил өткөн сайын шарт, кырдаал, турмуш өзгөрүүдө. Ошондуктан, АКШнын Вирджиния штатынын Норфолкесинде бир жакка баратканда мотоколяскада, Либерти Корнер (Нью-Джерси штаты), Алабамда, Минесотто-автомобилдерде секс кылууга атайын тыю салынган. Биздеги жапайы жалапчылык, бузукулук, ойношчулук жөнүндө кыргызстанда эмдигиче олуттуу закон долбоору жок. Чала чарпыт кабыл алынган закондордо булар жөнүндө караманча сөз жок. Көп закондор али чийки, патриархалык стереотип деңгээлде. Эл нравалык жагынан бузула баштады. Интеллигенция чирип-ирип бүксүүдө.

М: Азыркы күндө мыйзамдын негизинде АКШнын Техас штатында аялзатын зордуктаган эркекти соттобой эле биттеп салышат экен. Анткени, көнүмүш зордуктоо адамдын психологиялык бузулуусу деп эсептелинет. Аны дарылоого болбойт. Бул штатта аялга зордук-зомбулуктун жоктугу мыйзамдын ушундай өтө катуулугунан болсо керек. Эгер бул мыйзамды Кыргызстан кабыл алса кыздардын көз жашын төгүп, тагдырын талкалаган аңгичилик, кылмыш азаят беле деген ой келет. Каерде тартип катуу болсо, ошерде бейпилчилик болоорун турмуш далай тастыктабадыбы. А бизде жубайлардын бири-бирине чыгыштык кылып, көзүнө чөп салса кандай жаза колдонуу жөнүндө закондо дегеле сөз жок. Баарынан кызыгы, парламент мындай акмакчылыкты кылмыш деп эсептебейт экен. Кыргызстандын законунда эмдигиче аялдардын денесин саткан жапайы бизнеске чек коюп, жаза бере турган юридикалык документтердин иштелип чыкпагандыгы көкөйдү кесүүдө. Же сөзсүз эле депутаттардын нравалык жагынан тазарышын, оңолушун күтүү керекпи? Деги адеп, абийир жагынан тазарыш үчүн, коом оңолуш үчүн адам укугун сактаган, коргогон мыйзам долбоору кандай болушу керек? Канткенде адамдар аз өмүрдө бири-бирин аздектеп, урматтап, барктайт? Канткенде бүлөөнү бекемдеп сактап калабыз, бул XXI кылымдын эң маанилүү, талуу маселеси.

Дүйнөлүк мыйзамдарды карап отурсаң таң каласың.

Ал эми ындыкара байыркы Индия б.з.ч. жана кийин Ману мыйзамдары боюнча аялы күнөө кылса күйөөсү тарабынан гана ажырашат. Аялы төрөбөсө сегиз жылдан кийин, жалаң кыз төрөй берсе-он бир жылдан кийин, кокус тажаал чыкса кетирип, ажырашкан. Түркияда болсо илгери шарият боюнча аял бетин ачып койсо ошол замат никеси бузулган. Бирок, Ата Түрк Кемал революциядан кийин Түркияда шарият боюнча никелешип, ажырашуу да, чадр кийинүү да мыйзам негизинде жокко чыгарган. Ал азыр колдонулбайт. Баарынан кызык ажырашуу, укуксуздук, акыйкатсыздык Тайландда. Байыркы законду колдонушат. Ал боюнча ажырашып жаткан эрди катын күбөлөрдүн катышуусу менен, экөө бирден шам жандырышат. Кимисинин шамы мурда күйүп бүтсө, ошонусу үйдөн эч нерсе албай, эч дооматсыз чыгып кетет. Кыргызга ушинт дечи, колуңа өлүп берсин. Техниканын жетишкендиктеринин туу чокусуна жеткен каны кыргыз Жапонияда «аялымдын уктаганы жакпады» деп күйөөсү шылтоолоп даттанса жөн эле ажыраштырып коёт.

Англияда болсо, эрди катын экөө тең ажырашабыз деп талап кылса анда ажыраштырбайт, алардын мыйзамы боюнча жубайлардын бирөөсү гана никени бузуу ишин козгой алат. А байыркы заманда, катуу чапкындан Алтай, Ала-Тоосунан тентип Американы туруктап калган кыргыз индеецтер, кийин колонизиторлор кырып жойгондон, аргындаштырганынан качып Италия менен Мексиканын элинин негизин түзүп ассимилиялашкан көчмөндөрдүн тукумунун эркектерин аялы «идиш жуу» деп талап кылса, күйөөсү сотко барып арызданса, аны сот: аялдын бул жоругун «катуу шылдыңдагандык» деп таап ажыраштырып коёт экен. Австралияда андан кызык, күйөөсү аялына «кет» деп койсо эле баштары ачылат. А аялдары күйөөлөрүнөн оңой менен ажыраша албайт, ал үчүн башка аялды ээрчип көчөдө калса, башка менен биротоло жашап калса гана ажырашууга уруксат берет. Ливанда друздар эски салт менен аялы көчөгө чыгаарда күйөөсүнөн уруксат сурайт экен. Ал үчүн күйөөсү: «бар, кайтып кел» деш керек, кокус, жообунун экинчи бөлүгү атайын айтылбаса, анда аялы эри менен ажырашты деген сөз. Мындайда кыйкымчыл, эси жок жүрөөнөк эркектерге кудай берет эмеспи. Бүлөө тагдырына ушундай да жеңил ойлуу жоболор, эрежелер дүйнөнүн ар кайсы жеринде турмушта колдонулуп жатканы, өтө опурталдуу жана ойлондурат. Иракта биротоло же убактылуу ажырашуу деп экиге бөлүнөт экен. Кокус ажырашкан жубайлар бир жылдын ичинде кайра жарашып алса нике калыбына келет. Бирок, күйөөсү аялынын бир жылдык моралдык кыйналганын, запкысы үчүн ири компенсация төлөп берет. Компенсация — милдеттүү түрдө төлөнөт, анткени, аны мамлекеттин укук коргоо бөлүгү көзөмөлдөйт. Ошондуктан, ал ич ара тынышып кою менен бүтпөйт.

Сауд Аравиядагы ажырашуу мындай экен: Эркек көңүлү бузулуп, катынынан кутулгусу келсе, үйүнөн чыгып, асманды карап: «мындай аял менен мындан ары никеде эмесмин» деп үч жолу катуу айтса болду ажырашкан болот. Аялга калың төлөп сатып алгандыктан жана мамлекет тарабынан аял укугу корголбогондуктан, ошол эри кетирген аял, ошондон кийин аны күйөөсү үйүнөн кууп чыгууга же малай кылып алууга акылуу. Эркектерге артыкчылыктуу укук эбегейсиз берилген. Ажырашуунун кеңири түрү буларда — «талак» айтуу. Күйөөсү күбөлөрдүн көзүнчө үч жолу «талак» айтса, аялы буюмдарын алып чыгып кетиш керек. Кокус, эри ачууга алдырып же аялын коркутуш үчүн күбөлөрдүн көзүнчө «талак» айтса, баары бир нике бузулат. Андай учурда «Шарият» боюнча: аялын кайра алыш үчүн күйөөсү аялынын башка күйөөгө чыгып, кайра ажырашып келүүсүн күтүш керек. Эркектерди эсине келтириш үчүн, бир аз ойлонуп иш кылуусу «талак» айткандан кийин, аялдын башка күйөөгө тийип ажырашуусу жөнүндөгү жобо атайын киргизилген. Кайсы эркек аялын башканын койнунда жашап келгенин кааласын?!

Кыскасы, дүйнөдөгү алгачкы мыйзамдардын дээрлик көптүгү эркектердин кызыкчылыгын көздөп, аларга артыкчылык берет. XX кылымдын аягында гана көп мыйзамдарга кошумча-алымча кирип, укук жаатында андан ары толукталып, өркүндөтүлүүдө.

2001-жыл, 25-январь

 

ИШЕНИМДИН ТАЛКАЛАНЫШЫ

Жашоо, диниң дайыма турат каршы,
Жолу башка, эки айры туткан жакшы.
Дин, жашоону кошом деп түйшүк тартпа,
Бирикпейт билип койгун жолу башка.
Бирин тутсаң, алыстап бири качат,
Бирге кармоо экөөнү куру азап.
(Жусуп Баласагын «Куттуу билим», 399-б)

Көрсө, ушинтип Теңирим баарын тескейт экен, өз-өз ордуна коёт экен. Бабабыз Баласагын адамзаттын динге болгон принцибин ушинтип даана чагылткан. Акыйкат сөз.

Кайсы учур болбосун ишеним, көз караш үчүн күрөш дайым болуп келген. Калыптанган бир улуу системанын кыйрашы көптөгөн жаңы көйгөйлөрдү жаратты. Коомдогу толук кыйроо жаңы изденүү үчүн өбөлгө түздү. Диндер саясатташып абалкы тазалыгынан эчак эле кол жууган. Диндин акыйкаты Кудайды таануу элеби? Дүйнө таанымга эмне салым кошо алды? Дин ыймандуулуктун критерийиби? Бир жактуу идеология, атеизм жоюлса деле эл эмнеге бир кылка бир динди тутпай, дагы башка ишенимдерди тиленип көөнүнө, көкүрөгүнө азат издеп акыйкатка жетем деп азаптанууда? Дин эркиндигин ар ким ар кандай кабыл ала баштаганы элди дүрбөлөңгө түшүрүп, артынан урулган бычактай онтотууда. Диндер ирип-чирип өз озуйпасын аткарып бүттү, ар ким өз көкүрөгүндө Теңири менен болуш керек дешүүдө. Жаратканым жалгыз болсо, эмнеге көп динге бөлүнүп башыбызга мүшкүл салууда? Каада салт, үрп-адат ыргагында жашаган байыркы жана дайымкы кыргыз эмнеге түрдүү динге өтүүдө? Бир доордо Апостол Павел: «Куткаруучу динди табуу керек» деп зар какшаптыр. Динди табуу керек эмес, азыр мүмкүн, Теңирдин өзүн таануу керектир. Ооба, көкүрөк көөдөнүңдө бир гана Теңириңди тааны. Антпесек, түрдүү динди тутунуп кетүү алакандай элдин эркиндигиби же мүшкүлүбү деп баш катыра беребиз. Ишеним эркиндигинен биз эмнени күттүк эле?

Соцсистема куласа эле ислам кыргызга толук кирет деген жалган түшүнүктүн тамтыракайы чыкты. Ыс-мыска келбей элдин ишенимин ким бөлүштүрүүдө? Капиталист фанаттар тоолуктарды өз билишинче калчоого өтүштү. Кыргызстанга кредит, инвестиция, гумжардам, модел-идея ж. б. күргүштөп келүү менен бирге ар түрдүү диний секталар каратаанбай каптап, самсып тоо аралап кетишти. Акыры, «койчусу көп болсо, кой арам өлөт» болуп бир ууч кыргыз кыркка бөлүнүп кыркылышууда. Факт: «КТР-ОБО» жазды. Нарында бир кыргыз баптист аксакал каза болуптур. Ыраматылык баптисттин көрүн казып койсо 20 дай жаш молдолор келип: Сөөк жаткан үйдү өрттөйбүз деп коркутуптур. Мусулмандар арасында койдурбайбыз деп казылган көрдү түздөп салышыптыр. Боз үйдөн сөөк чыгарып, жаназасы кыргызча окулуп атса кыргыз молдолор өлүк үстүндө атайын каткырышыптыр. Өлүк ээлери аларды кууп чыгышыптыр. Азыр соттошуп жүрүшөт. Казылган көрдү көөмп салыш кылмыш экен. Кылмыш Кодексинин 263-статьясында топтошуп жасалган мындай кылмыш 3 жылдан 5 жылга чейин соттолот тура. Буга кандай баа беребиз? Кыргыз гражданы өз туулуп өскөн жеринде түбөлүк жай таба албайбы? Бүгүн тирешип, казылган көрдү мусулманбыз деп көөмп салып атса, эртең ал элди ок менен атпайбы? Эгер андай чектелүү болсо Кыргыз Конституциясында эмнеге дин тутуу эркиндигин берди? А эгер караманча дин тутунбаган атеист болсочу? Ал кайда көмүлөт? Эмнеге ар кимдин эркине тыю салышат? Молдолордо андай саясий, юридикалык укук барбы? Эгер бар болсо ал кайсы закондун чегинде берилген? Же бул жөн эле сокур фанатизм, акмакчылыкпы? Ыйман ким тарапта? «Сөөгүн кордогон эмне болот?» Улут канчага бөлүнөт?

Ушинтип элет эчен түргө бөлүнүп атат. Башпаанек болуп турган ислам диний догмалары тоолуктарга көп анча коошо албагандыгы рынокто даана байкалды. Түздө, ичкиликте, сары жайыкта граждандык согуштан качып келгендер, атайын үгүт миссиясы менен жүргөн ислам фанаттары комдонгон арстан кейиптеп бир топ ишти көмүскө былгытууда. Биз байкамасан болуудабыз. Баары бир кулгуган нерсе жарылмайын жаны тынбайт, жанды да тындырбайт. Бирок, ушуну тезирээк эске ала албай жатабыз. Кыргызстанда 1991-ж. чейин 39 мечит болсо, азыр 1000 мечит, 39 медресе, 7 ислам институту кыска убакытта минюстан каттоодон өтүптүр. 1991-ж. чейин 25 чиркөө болсо, азыр 43 экен. 23 түрдүү диний агым, секта-конференциялар өкүм сүрүүдө. Мындай тирештин арты кандай болот?

Ташка түшкөн айнектей быркыраган «ишеним кодексине» мисал төмөндөгүлөр: жеке адамдын керт башы саясий жана экономикалык азат алганы жаңы кудай издөөчүлүктөн байкалууда. Нарында кыргыздардын Евангель христиан баптистердин уюму, «Луч Надежды» кайрымдуулук миссиясы огожо болгон Ат Башынын, Ак Талаанын Баетовундагы, Жумгалдын, Талас областынын Ак Дөбө айлындагы, Ош областындагы Гүлчө айлындагы, Кызыл Кыядагы, Ысык Көлдүн Чырпыкты, Кожояр айлындагы, Кочкор районунун Туш айлындагы ж. б. кыргыз баптисттер канатын кенен жаюда. Бишкекте кришнаиттердин ашрамы (ибадаткана) көп жылдан бери иштейт. 5000 ден ашуун кыргыз кришнаиттер иба кылат дешет. Монахтарынын бир тобу кыргыз. Эт жешпейт. Үй-бүлөөлөрү менен такыр ажырашпайт, бир пикир, бир ишенимди аркалашат. Бүлө кризисин ооздукташат экен. Борбор катары Бишкекте бардык диний секталар өтө активдешип, өзгөчө, сыркоолорду, майыптарды, жардыларды, жаштарды өздөрүнө тартууда. Аларга өз динин терең, системалуу түшүндүрүп, материалдык, сооптук иштерди, жардамдарды көрсөтүүдө. Жабыркап тургандар ага жабыла жармашты.

А кыргыз молдолор эмне кылат? Чет өлкөдөн келген, элден түшкөн миллиондогон долларларды соопчулук, кайрымдуулук үчүн бир үлүшүн коротпой кудум, мыйзамсыз талап-тоноп менчиктештирүү учурундагы мамлекеттик чиновниктердей өз чөнтөктөрүнө шолоп, жеке турмуштарын оңдоп, тынымсыз чет мамлекеттерге саякат жасап калышты. Кудайды карабай байышты. Мекеге алып барабыз деп далайын сызга отургузгандар бар. Диният эмнеге соопчулук акцияларын уюштурбайт? Кыргызстанда акыркы эле жылдары эмне деген табияттын бөөдө кырсыктары болбоду. Жер титирегенде, тоолор, жер жылганда, сел жүргөндө кайгыга бөлөнгөндөргө көңүл айтып, соопчулук, кайрымдуулук жардамын бере алышкан жок. Тескерисинче, титулу жок «молдолор» өлүктө жаназа талашып сакалдарын жулушканы, куран түшүрүүнү талашкандары көп. Акча бермейин өлүп баратса да куран окубайт. Жада калса мечитте куран түшүргөнү үчүн акча алыш үчүн ящик ачып койгон, качантан бери куран окуу сатылып калган? Жарды-жалчы, багаар-көрөрү жокторго, жетим-жесирге кайыр, битир, садага берүү деген караманча жок, ага караганда эл аралык кайрымдуулук фондулары түрдүү бейформал уюмдар акцияларын ат тезегин кургатпай уюштуруп элге алынууда. «Алма сабагынан алыс түшпөйт» болуп, дин чиновниктери мамлекеттик чиновниктерди туурашып областтык, райондук, айылдык мечиттерге молдолор губернаторлордон бетер пара беришип имам болушат экен. Анткени, андан элден эмне түшүп жатканын эч ким текшербеген соң, даяр май талкандан ким качсын. «Мышык Мекеге барса дагы мыйоосун койбойт» дегендей молдолор ич ара ыйкы-тыйкы, четтен келген долларларды өздөрүнө энчилеп, бекер китептерди бети кызарбай кызыл кулактык менен соодалашып, оңой олжого тунганы аз келгенсип, имамчылыкты талашып басма сөздөргө бирин-бири жамандап, соттошуп, кээси молдо башы менен куран түшүргөнү барган үйлөрдүн малын уурдап, калкка маалымдалып калганы динчилдердин ыйманы канчалык деңгээлде экенин көргөзүүдө. Мүмкүн, «бир кумалак бир карын майды чиритет» болгондору дагы бардыр.

Мунизм, Кришна, Далай Лама, Бахай, буддизм ж. б. толгон токой диний секталардын жайылышы күчөөдө: Саддизм, групповой секс, гомосексуализмди жана лесбиянствону ж. б. чектен тыш айбандык катышты мактап-жактаган нравасыздык күчөп турганда айрым секталардын таза нраваны, ишенимдүүлүктү, берилгендикти, дүйнө таанымдын жолдору көптүгүн көргөзүп ынантып турганы, мүмкүн, айрым бирөөлөрдүн көксөөсүн басып, жабыркаган көөнүн ачып талабын канагаттандырар. Же бир догма диндин диктатурасынан тажашкандыр, чарчашкандыр. Миң сырлуу, миң түрлүү адамдын табити, табияты табышмак го чиркин. Эмнеси болсо да түрдүү диндин табияты дагы сырлуу табышмак. Аларды билбей, түшүнбөй, аралашпай туруп көлөкөгө тон бычып, жалпы жонунан жерий бергендик бир чети адилетсиздик болоор эле.

«Жердин бейиши— эркиндик» (Индия) элдин этек жеңин желбиретип чындап эрктин шарапатын сездирүүдө. Коомдо динсиз деле бузулбай тыңгылыктуу жашоого боло тургандыгын (коммунисттик түзүлүш) турмуш өзү далилдебедиби. Азыр деле дин менен иши жок, иши да болгусу келбеген кишилер арбын. Бирок, «жаманга акыл айтсаң алдайт дейт» болуп, күдүктөнгөндөр чыгышы ажеп эмес. «Түлкүнү кырсыкка малган териси», анысы кандай бирдиктүү ишеним бирдиги жок деп эсептешкен четтиктер кыргыздын кыйруусуна тийип ого бетер кызыгууда. Миллиондогон долларга жалаң түшүндүрмө адабият чыгарып, көчө көчөдө колуңа бекер карматат. Анан «малды көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр» болуп кызыгып үңүлөсүң, салыштырасың, кызыгасың, анан жаштар, айрыкча көз карашы калыптана электер оп тартылып кетишет. Арийне, колдон келсе, динсиз, идеологиясыз, согушсуз эле социалдык жана экономикалык, маданий жагынан гүлдөгөн көп мамлекеттердин көчүн уласак кана...Акыры Жараткан өзү жалгыз го. Миң жолу дин эрежесин аткаргандан көрө, бир жолу Теңирдин өзүнө ниет кылуу артыктыр.

Акчанын, арактын бийлиги кудайдын кудуретинен ашып, азгырып турган ажыдаар заманда жан дүйнөгө жарака кетпей жашаш кыйын. Кудайды кокуйлатып диндерди чаташтырып жаткан улуу күч — Акча! Элди эсирткен, ырысын кыркып кедирин кескен акчабай. Бул эми бардык доорлордун айыкпас дарты. Бийик Акыл-Эстин ээси жеке инсандагы ички жаңылануу, дин деградациясындагы жаңылуу, ылгоо, дүйнөгө жүйөлү көз карашы менен караганга өтүү — биз үчүн сөзсүз боло турган, аттап өтө албай турган эволюциялык, тарыхый процесс. Анан калса элдин аң-сезими бир кылымда (ХХ к.) эки жолу массалык түрдө сапаттык жагынан жаңырып, ылгоо кудуретине эгедер. Көчмөндөрдүн психологиясы табиятынан, жашоосунан эле көчүп конуп ыңгайлашууга, бир нерсени бат өздөштүрүүгө даяр. Жайытты, жайлоону тандаганга маш кыргыз, түрдүү диний секталарды дагы тандап, өз каалашынча кабыл алып жаткандыгы ошондон болсо керек.

Акыл-эстин оппоненти боло келген интеллигенция, чет жактын таасиринен башы адашып, пикирин бир жерге топтой албай турушат. Мунун өзү улутта өздөштүрүүчүлүк, аткаруучулук гана болуп, жаратуучулук, түзүүчүлүк гендердин кемигендигин жаңы шарт айкын көргөздү. Тар жол, тайгак кечүүдө «кеңеш берген көп, көмөк берген жок болуп» болуп чыкты. Өзүңдө болбосо ким өйдө көтөрсүн, чет жактыктар алдаганга, өзүнө пайда тапканга маш. Элди шордон алып чыгып кеткенге жан этин жеп, башын байлап чыккан эл башы табылбады. Көз караш, билим, нрава кыйроосуна туш келип ичинен чириген интеллигенция, улуттун түпкү кызыкчылыгына бир аз байланыштырып, бир чети кол ийрисине тартат болуп (мусулманчылыкты көп катын алуу үчүн гана жактагандар), эт жебей, бир катын менен эриш-аркак жашайлы дегендер көп диндүүлүктөн чочуркап, жан-алы калбай четке кагып, жеке адам укугуна негизденген изденгич жаштарды айыптап, какмалагандан башкага жарабады. Эң негизгиси жүйөөсү менен түшүндүрүш керек эле да. Түшүндүрбөй эле «тиги болбойт, бу болбойт» деген кургак тыю салуу бүгүнкү доорго ылайыксыз ыкма. Чындап келсе авангарддык оор жүктү көтөрө турган интеллигенцияга баары бир болуп калыптыр, алар индивид, эгоист; качан болсо өз арбайын согуп кете берет. Демейдегидей, демиткен бир идеология болбогон соң, бирин-экин жазмакерлерден башкасы «сүт жок жерде мышык сопу» болушту.

Адеп-ахлаттын терс табиятын ооздуктап туруктуу норма, милдет жаратып турган моралдын ойлонулбай алынып салынышы дагы диний секталардын адам ишенимине тезирээк жол ачышына себеп болду. Бизде машакатанып себебин издегенден көрө, айып таап күнөөлөгөндү жеңил көрүшөт. Башка динге өтүп жатышат деп бир жактуу күнөөлөп, жамандай берип адам укугуна кол салып «чылпагын алам деп көзүн олуп алган» болуп кырдаалды курчутуп ийбесек болду. Кантсе да адам ишениминин эркиндиги, укугу татаал маселе. Анын үстүнө бул баш мыйзамда гарантияланган. Чылгый мусулман болгон араб контингентинде деле эмне деген ыпластыктарга жол берилүүдө. ОБСЕ жана миграция боюнча эл аралык уюм төмөндөгүлөрдү билдирди: Кыргызстандан чет өлкөгө акча табуу үчүн 8 миң 365 аял чыккан. Булардын 1880и денесин сатып акча табууга жөнөгөн, ушулардын 75%и Араб Эмираттарында денесин сатууда. Ошондой эле Бишкектен эле 154 кичине балдар жоголуп уурдалып кеткен.

Моно улут, моно дин болгон бир да мамлекет башкага бардык жагынан үлгү болгонун көрө элекпис. Бизде деле ислам фундаментализмин, фанатизмди жактагандар четтен табылат. Кандай болгон күндө дагы кооптоно турган жагдайларды эстен чыгарбаш керек. Уруу урууга бөлүнгөн, майда, аз улут үчүн ал трагедия болуп калышы мүмкүн. «Ажыга аялыңды көрсөтпө» демекчи, кайсы мамлекетте бөтөн, жаңы диндер коюн колтукка ооздугу жок кирип калса, акыры аралашып, азгырып тынат. «Кытмырдын ичи кырк кабат». Мисалы: жапондор бир жарым миң жыл аралыгында синтоисттик динди жана дзен-буддизмди сиңиришкен. Ал эми Түштүк Кореяда 50 жыл ичинде эл мурун колдонулуп келген буддизмди чанып, христианчылыкты тутунушкан. А түрктөр болсо Европаны (Югославияны) эзип турганда бир эле улут болгон эл бийликке аралашып, тынч оокат кылабыз деп (бир чети күч менен) мурунку тутунган христианчылыкты танып шаардыктар мусулман динине өтүшөт, а айыл жериндеги сербдер христиан боюнча калышкан. Азыр ушул бир эле улут эки башка дин тутунуп кырды-бычак болуп согушуп дүйнөгө абийирлери төгүлдү. Өздөрү элдешкис душманга айланды. Канчасы кырылып калды?... Бул серб менен хорваттын тарыхы улуттун трагедиясы эмей эмне? Диний ажырымдыктар мамлекетте закон диктатурасы иштебегенде, ички тартип сакталбаганда, система кыйраганда, башка формацияга өткөндө ушинтип калкып чыгат. Бейкүнөө эл өз ишениминин курмандыгы болушат. Албетте, бир үй-бүлөөдө эки адам эки башка дин тутунса үрп-адат, диний ырым-жырымда оркойгон ажырымдык, коошпостук, кагылышуу келип чыгат. Мындай көрүнүш Кыргызстанда кайталанышы мүмкүнбү? Толук мүмкүн. Бирок, муну болтурбоонун жолу: бирин-бири туура түшүнүү, башка бирөөнүн ишенимине урмат менен мамиле кылып өзүнүкүн мажбурлоодон алыс болуу. Бул өтөлгө бизде аткарылышы мүмкүнбү? Ким билет, шегим бар... Азыр кыргыз-баптист, кыргыз-кришнаит, кыргыз-бахаист, кыргыз-мун, кыргыз-мусулман, кыргыз-лама ж.б. болуп бөлүнүп атса, буга чейин эле регионализм, уруучулук, финансы кландары, бай-кедей тенденциясы болуп эчак бөлүнүшкөн. А түгүл бир маданиятты түзгөн кыргыз адабият-маданияты, искусствосу түрдүү агымга бөлүнүп изденүү жолунда. Бөлүнбөгөн эмнебиз калды? Байлыкпы? Бийликпи? Жерби? Баары бөлүнгөн, бир гана Аба калыптыр... Бул чоң жарака чакан, жаңы өнүгүп келаткан мамлекет үчүн өтө эле көп, өтө эле оор, коркунучтуу сыяктанат. Түбү жакшылыкка алып келбейт го деп чочуйм. А адамдын жеке эрки, укугучу? Баса, дегеле адамдын жеке укугу мамлекеттин укугунан, кызыкчылыгынан жогору турабы? Эмигранттардын өлкөсүндө бул абдан туура, өз мекени жок, убактылуу турук алган адамга бул тим эле чоң тирөөч, калканч, улуу нерсе. А жергиликтүү моноулуттуу мамлекеттердечи? Акыл-эстин кыямат кайымы оодарылып, аласалып турганда ар кандай айтса, айткан оозго жарашат деңгээлге түштү. Улуттук биримдикти сактап калуу үчүн традициялык бир динди тутуу зарылдыр. Ал жол-Теңир жолу. Эгер керек болсо бир гана Кудайга ишенүү. Улуттук төл каада-салтты бек тутуу.

Кыргызстанда динге көбү сокур ишенишет. Мусулманчылыкты үстүрт тууроо көп, өздөрү такыба, бекем карманышпайт. Анын үстүнө катын эркек дебей аракты өкүртө ичишет. Арам, адалды аралаш кабыл алышууда. Байыйбыз деп ыпластыктын балчыгына эчак батышкан. Никенин формалдуу фактысы сакталып, бузукулук жагы өтүшүп кетти. Аңгилик, жалапчылык, ойношчулук баш аламан жайылып венерологиялык оорулар эпидемиялык мүнөз алды. Ошого карабай, орто кылымдагы эски, көөнө түшүнүк боюнча дин туткандарды таза, ыймандуу деп акыйкаттын туу чокусуна жеткире карашып, заматта культ кылышат. Бул эми туура эмес көз караш. Дин ыймандын критерийиби? Дин эчак саясатташкан. А саясат ыплас. Ыйман ар бир инсандын табиятында, түшүнүгүндө, тарбиясында, өз кудретинде экенин далилдөөнүн зарылчылыгы жок. Динди чала тутунган тоолуктар эмес, мусулман өлкөлөрүнүн чордонунан келгендер окуган, иштегендер канчасы сифилис, спид ж.б. жугуштуу оору менен ооруп өлкөдөн куулуп чыгарылды.

Эми ушуларды ыймандуу деп эсептейбизби? Дагы бир мисал, бизде ажылыкка баргандар көз карашы, ишеними тазарып, арууландыбы? Келгенден кийин ак жолго түшүштүбү? Жок. Ажыга маңдай тери менен тапкан адал акы, кылган күнөөсү жуулуш үчүн жол азабын тартып, аркы-беркини чындап ойлонуп, тазаланып барыш керек делет. Барып келгендердин көбү азыркы «демократ», мурунку партчиновниктер. Уялбай этпей эле дээрлик баардыгы кызмат абалынан пайдаланып барышкандар, атайын ат арытып өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып баргандар жокко эсе. Өз маңдай тери менен ажылыкка жазылып атып бараткандар баягы эле карапайым жөнөкөй эл.

Кыргызстандагы дин тармагында кызмат кылгандардын көбү, айрыкча айыл жериндегилердин диний билимдери төмөн, чала молдолор көп. Тилекке каршы, эл арасында табып, эмчи, көзү ачыктар менен динчилердин айырмасын ажырата албай, баарын эле динчилер дей бергендер бар. Ислам агартуучуларынын, биздеги өкүлдөрүнүн деңгээли өтө төмөндүгүн көрүп туруп чет элден келген өтө билимдүү, этностук жана социалдык өзгөчөлүктү кылдат эске алган, сөзмөөр миссионерлерге каршы өкмөттүн алдындагы дин комиссиясы жаңы диний секталардын реалдуу таасирин, бүгүнкү муктаждык, кырдаалды, социалдык жана экономикалык боштукту эске албай, жиктелүүнүн жүйөөлүү себебин мамлекеттик деңгээлде терең изилдебей эле түрдүү жаңы диний секталардын таасирин басаңдатабыз, ислам менен православиени гана бекемдейбиз деген стеротип менен куру далбастап жаткандыгы алардын элдин бүгүнкү деңгээлин билбей тургандыгын көргөзүүдө. Алардын таасирин кантип басаңдатат, ал жөнүндө куру сөздөн башка конструктивдүү программа же план жок. Бекемдейбиз же басаңдатабыз дегендин өзүндө эле бир жактуулук, ал түгүл комиссия өз милдетин толук аңдап түшүнө электигинен кабар берет. Миллиондогондордун тирүү жан дүйнөсүн басаңдата коёбуз дегендей ал өйдө-төмөн жылдырып койгудай прибор эмес да. Ой, мындан өткөн өтө татаал, узак азап жок. Азгырык деген шайтандардын чоң армиясы. А шайтанга Кудайдын алы жетпей коюп «мейли өз билгениңди жасап жүрө бер, убагында эсептешеермин» дептир деп диний китептерде алтын тамгалар менен жазылып жүрбөйбү. Азгырыкка ким азгырылбайт? Азгырыктын толгон-токой түрү, айла-амалдуу айлакер жолу көп. Митаайым, кытмыр кылыктуу жагы көп. Диний секталар эмне үчүн эт-бетинен кетип, чабылып чачылып миллиондогон долларларды оңду-солду чачууда? А эмнеге кыргыз казияты чет жактан (мусулмандардан) келген миллиондогон ошол эле долларларды «приватташтырып» алууда? Ким канчалык динге ак кызмат кылып өз миссиясын терең түшүнүүдө? Диний секталар өз дини боюнча ириде басма сөз, информация чордонунда иштеген кесиптегилерге же элге тынбай түрдүү ат менен түрдүү семинар өткөрүп (жол, тамак, жатак чыгымдарын өздөрү көтөрүп), пропогандалоочу түрдүү көрсөтмө, китептерди (биздин молдолордой жарымын чалды-куйду арабча, жарымын киңкилдеп өзбекче аралаштырбай) түшүнүктүү таза кыргызча же таза орусча, дунганча, корейче чыгарып бекер таркатып, кой десең болбой муктаждыктары барларга чындап материалдык жардам берип (сенин кыйналганыңды билип Кудай жиберди деп, анан чындап ачкадан өлүп баратса «мусулман кудай» тил эмизип унчукпай койсо таарынып, санаасына бирдеме түшүп «берешен» эгени эстейт да), көңүл буруп, кайрымагына илинип тилене баштагандарга күндө 4-10 долларга чейин колуна берип арбап азгырып, кооз, жумшак жанды эргите сүйлөп, сылап сыйпайт адамдын дүйнө таанымын кеңейтип, жаңылап өздөрүнө тартууда. Биздин исламчылар чыгармачыл интеллигенцияны элди бузат, окуп көптү билишет деп чочуп, өздөрүнөн алыстатып кууса, түрдүү диний секталар ошолордун таланттууларын өздөрүнө тартып түрдүү адабияттарын чыгармачылык менен котортуп, макалаларды жаздырып, чет жактарга саякатка бекер алып чыгып, очойто гонарар төлөп берип өздөрүнө кылдат кызмат кылдырууда. Депутаттар баштаган бир топ саясатчыларды секталар, ислам фанаттары эчак сатып алган. А талант, таасын сөз элди ар качандан бир качан өз симпатиясына, дүйнө таанымына багындырып келген жана багындыра бермекчи. «Куран» араб тилинен башка дүйнөдөгү канчалаган тилге которулбады, а биздин түркөй, диний сабаты чала, келечекке ой жүгүртүүгө чоркок, мезгилге ыңгайлаша албаган молдолор «куранды башка тилге которууга болбойт, күнөө» деп чуру-чуу түшүп, «курандын» биринчи кыргызча котормосунан жаа бою качып (котормонун деңгээли жөнүндө сөз башка) өздөрүнүн ким экенин далилдешти. Маани-маңызын түшүнүп колдонулбаган, окулбаган ар кимдин оозеки айтканындай боло берген оозеки курандын кимге кереги бар? Жада калса мезгил жаңырып жаңылануу болгонун сезе алышпаган (чыныгы араб мусулманчылык менен байланышы жок, анткени, мезгил башка. Советтик Өзбекистандын медресесинин тарбиялануучулары) жарымы КГБга кызмат кылган «молдокелердин авангардыгын» түрдүү жаңы диний секталар ошентип четке түртүп чыгарууда. Ооруга диагносту так койбосо айыкпайт. Бүгүнкү маселенин чыныгы себебин, абалын таасын изилдеп туура бааласак, ачуу болсо дагы, таарынып капа болушса дагы ачык айтсак эбепке себеп болобу деген эле тилек, атайын каралайын деген ниеттен алысмын, баамым ошол, антүүгө кесибимдин алдында дагы милдеттүүмүн. Молдокелердин дагы бир өтө чоң өзгөчөлүктү эске албагандыгы бул: көчмөн духтун көчүп жүрөрүн, бирдемеге бат ыңгайлашаарын, тез кабыл алышаарын (жаманын да жакшысын да) такыр эске алышпайт. Отуракташып жашаган калк менен төрт мезгилге жараша жаздыкка, күздүккө, кыштоого, жайлоого көчүп жүргөндөрдүн мүнөзү, психологиясы, дүйнө таанымы дагы айырмалуу, асман менен жердей өзгөчөлүгү болот. Мисалы, диний секталардын Аравияга, Пакистанга, Өзбекстанга же Тажикстанга эмес, Казакстан,Кыргызстанга кара таандай каптап келип атканы дагы ушул өзгөчөлүктөрү эске алгандыгынан болуп жүрбөсүн? Анын үстүнө алар атеизмди эмес, бейиш тозогу, Кудайы бар диндин бир вариантын сунуш кылып жатышпайбы. Анан рыноктун мыйзамы, шарты ушул экен: атаандаштык күчөп варианттар толтура болгон соң кардар же кабыл алуучу каалаганын тандоого акылуу. Ишеним материалдык нерсе болбогону чоң абийир болбодубу. Же болбосо алысты көрө албаган, жегич майда чиновниктердин тобунан турган чоркок кыргыз парламенти эчак приватташтырып жибермек. Мезгил ошол: ынанымды калыптандырыш үчүн ар ким өзүн ийкемдүү, акылдуу, жөндөмдүү болууга аракеттенсин. Болбосо бирин-серин киши кара кирип чыккан үчүн 2300 мечитти заңкайта салып салып же зикир чалып отура бербей, өз билимин дагы көтөрсүн. Жанагы диний секталар сыйынуу үчүн үй салбай эле эл ишенимин алып тынууда. А биздин исламист-окумуштуулар чала молдодон жаман чаргытып кыргыз маданиятын өнүктүрө албай жатып, бизге «ислам фундаметализми эмес, ислам маданияты керек» деп кыйкырышууда. Маданият деген түптөлүп, түгөл сиңгенде улуттун өзөгүнөн өзү эле чыга турганын кантип эле биле албайбыз? Же бизде колдонулган исламдын айрым жеңил желпи формаларын маданият деп эсептейбизби? Диний маданият көчмөн менталитетине туура келеби оболу? Жеке ишенимге ээ болууга эмнеге тоскоол болууда? Дин эркиндигин элге берип, анан кайра тыя баштасак мыйзамга марыган экенбиз да. Ар диндин табияты табышмак, кооз, сырлуу ар биринин өз жолу бар. Байкап баалаганга жаңы диндерде коркутуп үркүтүүдөн, сокур алдоодон тышкары, кыймылдуулук, кыйгач нрава, илимге жакын реалдуулук, ыңгайлануучулук бар. Бул сабаттууларга колдонууга бир топ ийкемдүүрөк. Түгөлбай Сыдыкбеков бекеринен: «адам акылынан табылган зор жана эң маанилүү табылганын бири — Кудай» дебегендир. Бу дин эмне мынча нечен кылымдардан бери элдердин башын тумандатып буйлаланган төөдөй жетелеп келет? Сыры эмнеде түгөнгүрдүн? Жандырмагы барбы? Же дин аң-сезимдин кибернетикасы, лабиринтиби? Мүмкүн, бардык эле диндердин «касиеттүүлүгү», оптимистиги-эч ким көрбөгөн, тиги дүйнөнү кумарлуу убада кылгандыгында болуп жүрбөсүн. Ошо тиги дүйнөнү эч ким көрбөгөндүгү (кудайдан башка), көрүп келбегендиги менен дин сырдуу, табышмактуу; эчким эч качан так айта албаган, жете албаган тарам-тарам узун жолго, диний философияга ээ. Бейиш менен тозоктун бар же жок экенин миллион том жазсаң дагы далилдей албайсың. Түшүнүктөрдүн лабиринтинин сыры ушунда. Азгыруунун улуу ыкмасы, жолу нечен кылымдары артка калтырууда. Ошол табышмак, сыр, тиги дүйнөнүн бейиш тозогу динди чоң кудретке ээ кылып келген. Ишенген соң үмүт кылат, а курган үмүт оңой менен өчпөйт. Мындан өткөн чоң амал-айлакерлик жок го. Диндин татаалдыгы да ушерде. Бу дүйнөдө жакшылык көрбөй ыйлап жүрүп өтүп кеткиче, тиги дүйнөдө бейишке чыгам деп үмүткө алданган кандай жакшы. Диндин мыктылыгы-тиги дүйнөнү убада кылган оптимистиги. Мына ушунун өзү аргасыз тизе бүктүрөт. Дин саясатында айрым четтен чыгып кеткен жүрүш-туруш, көр турмуштун агрессивдүү нраваларын ооздуктаган моралы бар, ал дагы көр пендени түйшөлдүрөт. Динди чыгармачылык менен өнүктүрүп, өз талабына ыңгайлаштырган, өстүргөн, бура тарткан дагы эл өзү болот экен. Белгисиздик адамга шумдуктай жагаарын биз көп учурда элес албайбыз. Тооп издегендерге, жан дүйнөсү жабыркагандарга ал ишеним чынында эле чоң дары, демөөр. Диндик ой тааным, дегеле дүйнө чексиз болгондуктан, көкүрөгүңө бир ишеним келсе анын кайсы диний агым, сектага тиешелүүлүгүнүн кандай мааниси бар, элге анын ички маңызы кызык. Анткени, тиги бу дегени менен бардык динди бийик акыл эстүү, таланттуу адам пайгамбарлар өздөрү чыгарышкан эмеспи. Албетте, коом өзгөргөнү менен байыркы диндик догмалар эч качан өзгөрбөйт, адамдардын дүйнө кабылдоосуна өзүн темирдей эрежелерин туруктуу сактоого, кармоого далалаттанышат. Ушунун өзү ишеним кризисин душарлап диндик реформаны кажеттеп тургансыйт. А реформаны жаңы диний секталар аркалаганга аракет күрөшү башталды. Диний реформалардын тагдыры ар түрдүүчө бүтүп же уланышы мүмкүн. Же бардык диндер биригип тынат же бирин-бири жеп индивидке айланышы мүмкүн. Адам акыл-эси канчалык бийик өссө, ал динден окчундаары көкүрөгүңдө анын философиясын кармап калаары бышык. Бийик акыл-эс деген чоң билим, а бүт дүйнө түгөлү менен чоң билимге ээ болушу мүмкүн эмес, ошондуктан дин жашоосун улам өлүп тирилип турган адамзатка уланта берет. Бул доорлордун кыймылдуу оорусу. Өзгөчө, туташ жана аралаш сабатсыздык болгон жерде күчөйт. Ачкачылыкта, теңсиздикте, жакырчылыкта калган эл керемет күч кудуреттен, аалам эгесинен адилеттүүлүк, акыйкаттык күтүп өлбөгөн үмүтүн келечекке тамызгы кылып жашаарын тарых көрсөтүп келатпайбы. Диндерден өсүп чыккан шайтан секталар акмакчылык, кылмыш иштерин жасашууда. М: 1978 жылы 18-ноябрда Джонстаун (Гайана) поселкасында Американын бийлигине конфликте болгон «Пиплз темпл» («Элдик храм») жетекчиси Джим Жонсонун чакырыгы менен америкалык диний сектанын 914 мүчөсү өзүн өзү өлтүрүшкөн. 1993-жылы 19-апрелде Уэйкодо (АКШнын Техас штаты) 50 күн Полициянын кайтарып турганына карабай «Ветвь Давидова» диний сектасынын 90 киши (анын ичинде 25 бала) өзүн өзү өрттөшкөн. 1994-ж. 5-октябрда Швейцар кантоны Вале жана Фрибургда «Орден Храма солнца» диний сектасынын 48 өкүлү өздөрүн өрттөшкөн. 1995-ж. декабрынын аягында Франциянын Альп кыштагынын алдындагы Сен-Пьер-де-Шеренде 16 адам (3 бала) ритуалдык отто өлүшкөн. 1997-ж. 22-мартта Сен-Казамир шаарында (Канада, Квебек провинциясы) «Орден храма солнце» дин сектасынын 5 өкүлү ритуалдык актыда өзүн өзү өлтүрүшкөн. 1997-ж. 26-мартта Сан-Диего (АКШ, Калифорния штаты) 39 адам өзүн өзү өлтүргөн («Вечерний Бишкек»,1997 ж. 31 март). Мындай чектен чыккан иштер эмне себептен болууда? Бул диндин доорго шайкеш келбей калганынанбы же бузулганынанбы? Мындай окуялар Кыргызстанда дагы кайталанбайт деп ким кепил боло алат? Тез кабыл алып, мындайды ишке ашырып жиберчү терс кайрыктуу пенделер, фанаттар арбын. Өзгөчө, диндин согуштун куралына айланганы дүйнөнү өтө кооптондурат. Диндер эчак дин болбой калган, ал саясатка аралашып айрым өлкөлөрдүн улуттук идеологиясына тогошуп, айрым дүйнөлүк мафиянын шумдуктуу идеяларын ишке ашыруучу чүмбөт болуп калгансыды. Диндер бузулуп, адепки тазалыгын сактабай калгандан кийин киши бир гана Теңирдин өзүнө сыйынып калыш керек. Же атеист гана болушу калат.

Дин кризиси бүгүнкү күндүн портретин таасын чагылдырган фактор. Коомдун туташ бузулушунун натыйжасы. Ал жалгыз жарым өзүнчө соройуп чыга калган жок. Саясатчылар көп партиялуулукка ээ болушту, жазуучулар, маданият искусство ишмерлери токсон тогузга бөлүнүп жарылышты, коом бай кедей болуп тапка бөлүндү, улут регионализми, трайбализм, уруулук жана этностук тенденцияларга бөлүнүшүп терс таасирин терең тийгизгендиктен «жамандын кесепети» демекчи, карапайым эл дин кризисине (ынаным, ишеним) туш болду, мунун өзү-улут процессинде чоң тарыхый бурулуш (талкалануу же өсүү), демократиянын салтанаты менен келген жеке адамдын накта укугунун даңазасы. Бүгүнкү чындыктын бети ушундай. Мүмкүн диндердин баары өз милдеттерин өтөп бүткөндүр?! Бардыгын калчап, таразалап таза жүргөн ыйбалуу пендени Теңир өзү колдойт дешет. Дин да, саясат да, улутчулдук да өз чен өлчөмү менен нугунан ашпай өз арбайын соккону дурус.

1996-97ж. 7-октябрь

 

«КУСАЛАНДЫМ, ТУТАЛАНДЫМ МИҢ КҮНҮ...»

Айжаркын сулуу, асылжан Фатиманын «Күнбала» поэмасы кыргыз адабиятындагы ажайып көрүнүш, жаңы сөз, жаңыча ойлонуу, новатордук болду. Анын азыркы поэзиясынын туу чокусу ушул «Күнбала». Ушунусу менен кыргыз адабиятынын тарыхында талашсыз калса болот. Чычалабай эле ачык айтсак, минтип эненин асыл образын эч бир акын бере элек болчу. Ошон үчүн намыстанбай, атаандашпай эле мындай ырды аңыз кылып айтып, сыймыктанышыбыз керек. Эне болуу бактысына туш болгон ар бир ургаачы тогуз ай көтөрүп, томугу сыздап, он ай көтөрүп омурткасы сыздап, миң толгонуп толготуп, жарык дүйнөгө келген перзенти үчүн тынымсыз тилинип, жаратканга жалынып жашаган, теңдешсиз мээримин төккөн, ыйыктыгын сактаган, түбөлүк чыдамкай, күтүмдүү кутман эненин асыл касиеттерин кылдат, өтө чебер туюп чагылдырган авторго рахмат. Кантсе дагы Фатима өзү үч баланын энеси эмеспи. Энелик туюмду чындап кыргыз поэзиясына опол тоодой кылып бир ачып берди. Энелик кудурет менен бойдогу түйүлдүктүн жүрөгүнүн түрсүл какканын угуп, ичи элжиреп ырахатануусу не деген керемет!

«Жүрөгүмдүн астына жүрөк бүттү,
    жүз тамылжып, аялуу сезим үрктү. 
    Колум менен өпкүлөп сонуркадым,
    Колум менен тыңшадым кош 
    жүрөктү...»
    «Өзүм үчүн жашаган күндөр бүттү, 
    Башымды ийдим мендеги
    тирүүлүккө...»
    «Сыймык айтып сыладым
    курсагымды,
    Мен көтөрүп тураандай Улуу Жерди.»
    “Колтугумду жылытып жатат балам,
    Тегеренип кетейин болбураган. 
    Тепкилеген буттарың ушу беле,
    Чийталга окшоп чиймейген
    колдоруңан...
    «Сени колго ала албай алгым келип,
    Чоочуп турам катуу деп алаканым...»
    «Сени жолго чуркаткан Жер сеники,
    Kapaан болуп калдайган Эл сеники.
    Сен аларга татыктуу боло жүргүн,
    Ай сеники жан балам, Күн сеники” «Жүрөктөгү шамал»

Кудай ай, энелик касиетке, мээримге эмне тең келет болду экен?! Ошон үчүн, бейиш эненин таманынын астында дешет го. Жаны менен жандаш, дендеш, кандаш болгон тамчы суудан түйүлгөн ыйык түйүлдүккө энелик улуу сезимди өткөрүп туюмда жаткан тирүүлүккө сыймык артып, элжиреп камкордук көргөнү эмне деген шумдук?! Мындай жүрөктү бүлкүлдөткөн ыйык сезимди так, таамай таланттуу эне акын гана жарата алат. Эне, баланын жаны бирге, ошондуктан, шордуу эне тилин тиштеп алса да, көзү тартса да балдарынын амандыгын тилеп, жалынып, эстеп жүрүп өтөт тура. Бул эненин кебелбес чындыгы.

«Тиш — ырыскы, тил — дөөлөт, тирүүлүгүң бир дөөлөт» (Арстанбек) дегендей, турмушта далайлар менен тагдырлаш, сырдаш, ырыскылаш да болот экенсиң. Фатима Абдалова, Топчүгүл Шайдуллаева үчөөбүз күлгүндөй жаш чакта бир группада беш жыл бирге окуп, үч жыл жатаканада бир комнатада жашадык. Фатима үлбүрөгөн назик, өтө сезимтал, наздуу, кээде жаш баладай таарынчаак жароокер кыз эле. Албетте, бул анын 17 жаштагы мүнөзү, андан бери аны турмуш далай калчап, кагып силккендир. Суйсалган сулуу сымбаттуу келбетине жарашыктуу кийинип далай бозойдун жүрөгүнө чок салды. Өзгөчөлүгү өз ырларын жатка окуучу. Жакшы ырдагандыктан жанын койбой обондуу ырларды ырдатчубуз. Сурансак “аный” дечү эмес. Экөөбүздү көбүрөөк жакындаштырган нерсе алгач ыр болду. Кийин сырдаш болдук. Анын жаңы жазган ырларын талкуулап, жакпаган сөздөрүн алдырып, оңдотуп шайын оодара талашып тартышчубуз. Кызыл чеке болуп кызаңдаша кеткенде «ушул сүйлөмдөр жагат» деп өз ырын коргоп ыйлаганга чейин барчу. Тез өссө, тез такшалса деген тилекте катуураак сындап болгон кеңешимди айтчумун. Сыягы ошондо өзүбүздү тирүү классиктердей сезген чоң демөөр бар болсо керек же жалындуу жазыксыз жаштык беле? Бирок, ошол сындар ага да сабак болгондур, жетилүү мерчеминде өз кызматын өтөгөн учурлар азбы.

Сулуу адамдардын тагдыры жөнүндө чындап мен 1-курстан ойлондум. Бул бир азап экен. Көрсө көрүнгөн сөз айтып, ээрчип, жанын койбой талашат тура. Фатима сулууну бура бастырбай сөз айткандар, сүйөм деп энтеңдеп артынан чуркагандар, ашыглык отуна күйүп алыс-жакындан кат жазгандар, жаналы калбай театр, киного, сейилге сагаалап чакыргандар тажатышчу. Аны асыл жар кылып алсам деп, ак эткенден так эткен курган жигиттердин далай таманы тешилди го. Мен мындай “талоодон аман калса экен, бактылуу болсо экен” деп көз салып аны коргоочумун, абайлай көр дечүмүн. Чиркин, кыз жүрөгү ошолордун эч бирин жактырбады, жээриди. Көрсө, акын кыздын ичинде өзү аздектеген асыл адамы, мырза жигити бар экен. Ал чоң сүйүүгө кабылып, кыйналып жүрүптүр. Бир билгеним: Фатиманын эрдигиби, тартынчаактыгыбы, же элдик тарбия, каада-салттан аттап чыга албаганыбы же куру намыстыгыбы, айтоор, өзү жактырган боз уланга ички сезимин билдирбей ичинен тынып, айбыгып, буулугуп жигин билгизбей кала берди. Мындай армандуу тагдырды өзүнө эмнеге арнады? Бул чыгармачылык үчүн жеке тагдырын атайын курмандыкка чалуубу? Жан сырын айтпай жабыгуу анын шыбагасына эмнеге жазылды деп курбу катары бушайманданам. Кийин бейтааныш эле бирөөгө кудаланып кеткенде ичим ачышты. Ысмайыл акын ырдагандай: “Жайлоодогу жашыл гүл, жошулганда бир күйдүм. Бир жаманга бир жакшы, кошулганда бир күйдүм...” дегендей көпкө чейин камтама болгонум эсимде. Ошондон улам, кээде пенделик кылып: мүмкүн, сезимин ачык билдирсе, турмуш курушат беле деген ой кетет. Аруу махабатын ушундай таза, жабык сактаган асыл адамдар чанда эмеспи. Жамалы жанган акын болочок асыл жардан неге тартынды? Же бул салт болгон кыз адеби беле? Адамды теңтуштан өксүткөн ушундай адеп деле курусунчу.

1-курсту бүткөндө жайында жалаң жаштар менен эки жарым айга экөөбүз Ярославлга курулушка бардык. Россиянын суйсалган ак кайыңдарына суктандык. Поездде баратып орус адабиятындагы шурудай тизилген келберсиген ак кайың образына дал ошондо түшүнүп жүрөбүз. «Миң уккандан бир көргөн» деген ушул тура. Группалаштарым туулган күнүмдө алып берген фотоаппарат менен тынбай сүрөт тартып, пленка сүрөттөрүн түнү менен чыгарчубуз. Өзгөчө, анын сүйгөнүн тартып ала келген пленкаларды жүрөкчө, төрт чарчы жана башка түрдөп чыгарып жаныбыз тынбайт. Анын кичинекей күрөң кол сандыкчасында эң аялуу, баалуу тигинин сүрөттөрү сакталчу. Чемодандын түбүндөгү ал сандыкча бир күндө жүз ачылып, көп жыл ал сүрөттөрдү көрбөгөндөй үзүлө түшүп карап, анын сүрөттөгү мээрим төгүлгөн көздөрүн акырын өөп коер эле. Ошондон улам «Сени менен жолугам деп бир күнү кусаландым, туталандым, миң күнү...» деп жазса керек. Сүйүүнүн күчү керемет тура, агa не деген гана арноо ырларын төгүлүп-чачылып жазбады. Ошо сүрөттөрдүн бирин да, бир ырын да дит багып, чыгынып, тобокел кылып сүйгөнүнө бере албады. Жабык сезими буулугуп, ызадан, күйүттөн өзүн көтөрө албай калганда чыныгы поэзияны жан сырдашы, жан дүйнөсүнүн куралы кылып алгансыды көрүнөт.

«Сен ким элең? Сен бир элден 
    башкача,
    Көз отумду кылчайтпаган башкага...»
    «Көңүл көйүн жууп турган булаксың, 
    Kөn cycmaйmnaй кармап турган
    дүйнөгө»
    «Көрүү тургай, эстеөө Сени зор бакыт,
    ал күнү мен алдым ысык чок басып» («КЫЯЛДАГЫ МЫРЗАГА КАТ»).

Ушундан улам кээде каяша кылыл «Тагдыр! Неге жүрөсүң, зомбулукка жанашып? Акмактарга нур берип, асылдарга муң берип, арсарлыкка көндүңбү, акылыңдан адашып» (О.Хаям) дегиң келет.

Асылжан Фатиманын «Бешик боо» (1986), «Ай жарыгында» (1997), «Жүрөктөгү шамал» (2001-ж) ырлар жыйнактары чыкты. 2000-жылы «Ай жарыгында» деген ырлар жыйнагы үчүн ал кыргыз адабиятында кыздар арасында биринчи жолу «Алыкул» атындагы сыйлыгына татыктуу болду. Фатиманын ырларына турмуштук сыр төгүү, чын ниетинен төгүлүп-чачылып тагдырын айтуу, ар бир турмуштук кубулушка күйүп-жанып, ыймандай чындыгын жазгандыгы мүнөздүү. Ырларынын уйкаштыктары суюк, ырлары эркин, негизинен пикир-ой басымдуу. Анын «Күн бала», «Ызалыктын ырлары», «Кыйналуу», «Сен тартаар жүк», «Сызылуу», «Сен эркексин,», «Кыялдагы мырзага кат», «Кыркынчы жаздын кусасы» жана башка оңдогон ыр, поэмалары өзгөчө cөз кылууга татыктуу чыныгы поэзия. Ырлары анын сырлары, тагдыры.

Акындык тагдыр деген эмне? Деги эле алар дүйнөнү кантип көркөм кабылдашат? Кайсы критерийлердин негизинде? Турмушменен жуурулушкан, турмуш чындыгындай кабыл алынган, типтештирилген лирикалык каармандын прототиби замандаштарыбы же акындар өздөрүбү? Анан автордун өз сөзү менен айтканда: «санаага сайылган жебем менин, саргайбас кызыл гүл берем дедиң» деп арзыганын күткөн селки «көрбөгөндө жанып турган үмүттөр, көргөн кезде ичтен тынды өчүшүп...» капа кылышат. «Кусалыгың куру убара нерсе экен». Анан «сүрөтүңдү өрттөдүм чарчап түшкөн, көртириликтен көздөрүң кайнап бүткөн» болот. Акындын арзуусуна «...тагдыр бекен, далын салган далай жыл?». «Кайгырсаң да кайра кайтып келбеген, кайрылбаган кунун билдим өмүрдүн», ошондо «даттанууга киши таппай таарындым, бул дүйнө да калбагандай жакшылар» деп армандайт. Баса, акын арман кылбаса жакшы ырлар жаралбай калбайбы. «Сенсиз өткөн ар бир күнгө өкүндүм, бар экенин эстеп алып өлүмдүн» дегени не деген акыйкат?! Минтип таасын лириктер гана ачык айта алат.

Таланттуу акындын «Ай жарыгында» жыйнагындагы «Ызалыктын ырлары» күчтүү чыккан. Мындай ырлар сезим кайнаганда, буулукканда гана чыгат. Бул анын турмуштун ысык чокторунан чогулткан чыныгы поэзиясы. Ички жан дүйнөңдү бүлүнткөн, ойго салган ырларда азаптуу аялзат тагдыры жатат. Адамзат тагдырына тиешелүү болгон турмуштан көңүл калуу, жек көрүү, өкүнүү, сүйгөнүн эстеп сагынуу, эңсөө же кушубак маанай, сүйүү лирикаларын кылдат чеберчилик менен чагылдырган. Анын лирикалары мындай дейт:

«Caгa жакшы жар болом дen камынсам,
    Ортосунан тең айрылды жоолугум...» 
    «Өзүмдү өзүм тилдеп турам ушу азыр, 
    Жок нерсеге, бар нерсемди, уурдатып»  
    «Жаман эрге жарыгымды коротуп,
    Өзүмдү өзүм канча жылга жоготтум...»
    «Бup кайдыгер экениңди билип-билбей,
    бир кынтыксыз ишенип алганыи-ай». 
    «Көчкү алган журттун ордунан,
    Көңүлгө шыпаа нени издейм».
    «Сага алданып калганыма өкүнбөй,
    Сага ишенип алганыма өкүнөм».
    «Өңгөгө өз бактымдан бөлүп берип,
    Өлчөлүү дүйнө өмүрдө өрттү кечип...» деп лирикалык каарман ойго салат, өзүнчө мүшкүлдөнөт. Анткени, «суктануудан сууган окшойт көңүлүм» болуптур. Бирок, “өзүмө өзүм турам кайнап сыялбай, өзөктөгү өрттүн табын тыялбай» турган учурда дале өтүмүшүн ойлоп келип: «Өткөн күнгө гана көңүл ачышты, өкүнүчтө өмүр кечип ыйлаган». Анткен менен «көлкүгөн көңүл жээрилсе, эсимди жыям эми мен» деп кайраттанат.

Фатиманын ырларында дайыма үмүт, ишеним турат.

«Кейибейм дечи, айларга, кеткен 
    жылдарга,
    Калтырган калың кусаңа кайыл 
    болгомун».
    «Көөнүң өсөр, канат бүтөөр боюңа,
    Сага өзүңдөй күйөр бирөө жолукса...
    Канткен менен өзүңө ишен, өзүңө 
    Сен тартар жүк сенин гана мойнуңда.»
    «Ким келип сурайт чарчаган ушул көңүлдү,
    Ким келип улайт жалгыздап өткөн өмүрдү?»
    «Түгөйүм издеп, түбөлүк өчпөс чырактуу, 
    Түркөйду жандап агызып ийдим, өмүрдү.» 
    «Көк ирим жолдо көтөрүп суусун бараткан. 
    Күйөөсү жакшы аялды көрүп муңайдым» деп агынан жарылып чынчыл поэзия жаратат.

Поэтессанын табылгалуу саптары аз эмес. «Кудайга миң мертебе калп айтсам да, ырларыма бир мертебе калп айта албайм» (Алыкул) дегендей, чыныгы акын ырларында калп айта албайт. Жанагы турмуштук сыр төгүү деген чен-өлчөм ушуга байланыштуу. Нукуралык эң баалуу кредо.

М: «Ааламдан агып асыл бир сезим
                                                                келгендей,
    Кимдендир эле, негедир аян эткендей.
    Каакымдай нерсе күбүлбөй келип
                                                                закымдан,
    Кайыптай болуп, кайдадыр сиңип
                                                                кеткендей...»
    «Сүйүүнүн да сүйүүлүгүн сезгенге,
    Сүйүүгө окшош керек бийик дарамет».
    “Жан дүйнөңдү чаң басыптыр, кирдепсиң,
    Кирдеп бүткөн дилиңде экен, илдетиң».
    «Туралбай койсом тумандай калың санаадан,
    «Турсун» деп акыр тумар таштап кетиптир»
    «Мээнет эле ээрчип жүрөт артыман...
    Түйүн жүктөр түшпөй койду далыман».
    “Бактысы жок келин экен дешеби?»
    «Ырас, менин жалгыз болду жаздыгым,
    Кереги не жалгыздаткан жаздыктын...»
    «Баратканда тарып турса бешенем,
    Келатканда мен бактылуу болчумун».
    «Карагым келет, кароодон корком...
    Карагым келет, карабай койсом.
    Жүрөгүм тынчып, токтонду десем, 
    Жүрөгүм туйлап, мен эмне болгом.”
    “Элестеп кетип, эстеги бирөө,
    Элжирей түшүп, жүрөгүм онтойт”.
    “Жарыгы бар жакшы адамга жолуктум,
    Күндөрүмдөн чыкпай жүргөн Күн чыкты.
    «Жакшы бар» деп, секин кысып 
                                                                колуман,
    Өөп койдуң оң бетимдин отунан.
    Аяп турган адебиңди жактырдым,
    Алгым келбей колдорумду колуңдан...» дейт.

Кыскасы, Фатима Абдалованын «Жүрөктөгү шамал» деген жаңы жыйнагы чоң кубаттоого, өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Акын ушул жыйнагында сапаттык жагынан өскөнүн көрсөтүп, жаңы табылгаларды окурмандарга көп сунуштап көркөм табитти кандырат, аргасыз ойлонууга чакырат, Анын ырлары далай адамга тагдырлаш — анткени, ал замандаштарынын жан дүйнөсүн, гендер маселесин ачып берген.

Маданият, адабият жарчысы Фатиманын ырларында аялдын эрге, эрдин аялга болгон үй-бүлөлүк татаал мамилеси, аялзатынын ыйман маселесиндеги орду, жеке көз караштары жүрөк түпкүрүнөн кайнап чынчыл чагылдырылганы менен айырмаланат. Кыздар поэзиясында гендер маселеси лирикалык каарман Мен аркылуу сарсанаага баткан жабыр тартуучу, өз эркиндиги, сүйүүсү үчүн күрөшкөн сезимтал, назик аялзатынын ички жан дүйнөсү менен коштолот. Сыягы, бүлөө куруу менен ар ким махабаттан бактылуу болгусу, асыл жар менен тең укуктуу тагдырлаш, өмүрлөш болууну самап каалайт турбайбызбы. Акындык, аялдык тагдыр күткөн, аялуу сырын ыр булак кылган таланттуу Фатимага ак жол!

2001-жыл, 2-апрель

 

КАЧКЫНДАР

Бу дүйнөдө кебелбестей көрүнгөн чоң аалам тынымсыз өзгөрүп турарын, анын көбү опурталдуу экенин турмуштук тажрыйбалар эзелтен далилдөөдө. Анын бири — согуш. Адамдардын ач көздүгүнөн, нысапсыздыгынан, бирин-бири жек көргөндүгүнөн, түшүнө албоочулугунан, өзүмчүлдүгүнөн, дити, пейили бузулуп кеткендигинен чыгуучу ааламат адамзатты жапа чектирүүдө. Жер талаш, тил, дин талаш, бийлик талаш нечендеген чырдын башаты болгон жана болууда. Зомбулук далай жолу адамзатты артка, көрүнө сүйрөдү. А абийир, нарк, ыйман талашкан кандуу согуштар адамзат эсинде барбы? Ким билет...

Качкын түшүнүгү, тээ эзелтен келатканы белгилүү. Анын ар кандай себеби көп, жүйөлүү же жүйөсүз. Арга жоктон жанын арачалап качкан же кара бет болуп кылмыш кылып качкан. А эгер жалпы жан соогалап качса не деп атайбыз? Качкын статусу кандай белгилердин негизинде берилет? Күргүштөп башка өлкөгө кире качуу миграция түшүнүгүнө туура келеби? Аларга ошол мамлекеттин стратегиясы, тактикасы кандай? Көз карашын билдирбеген өлкө аргасыз аларды кабыл ала береби? Жаш мамлекетке коркунуч келбейби? Ушул ыңгайлардан алганда бир ууч аз элдин түбөлүктүүлүгүнө доо кеткен айрым одоно нерселер маани бербегендиктен болуп жаткансыйт. Башынан эле экономикасы начар, чек арасы ачык кыргыз эли, чакан мамлекет үчүн күргүчтөгөн тышкы миграция опурталдуу.

«Көңүлүмө жагат деп көрүнгөн менен дос болбо» деген чыгыш насааты тегин чыккан эмес. Жака белибизде согуштун оту алоолонуп улам татаалдашууда. Босния менен Герцеговиния, Албания, Түркия, Пакистан, Иран, Афганистан, Тажикистан, Чечня, Азербайжанда ж.б. адам мамилелери жек көрүүнүн чегине жетип улутка, динге, тилге бөлүп, жер талашып, бийлик үчүн өмүрлөрүн кыйууда. Ушунун зарылчылыгы бар беле? Натыйжада эли тентип ар кайсы өлкөлөрдөн баш калка издеп жанын сактоодо. Канчасы ара жолдо ит кордукту көрүп түрдүү ооруга, кырсыкка учуроодо. Расмий каттоодон бизге 20 миң качкын өтүптүр, бирок, официалдуу эмес билдирүүлөргө караганда 50 миңден ашык десе, кээси 1 млн.дон кем эмес дешет. Кара таандай каптаган качкындардын карааны өтө эле барандуу. Булар «кой жеген бөрү коңулда, койчусу калды куугунга» болушкандар элеби же «кылгылыкты кылып кыл жип менен буугандар» дагы жөө туман арасындабы? Мына ушуну тактоо чоң маселе, көйгөйлөрдүн бири. «Сактыкта кордук жок». Кылмышкерлерге качкын статусун, башка калка берүүнүн зарылчылыгы жок. «Күрүчтүн аркасы менен көрмөк суу ичет» болуп, миңдеген тажиктер «түбүбүз кыргыз» деп акчаны күрүчтөтө берип, паспортун каттоодон өткөрүп, граждандыкты алууда. Көпчүлүгү Кыргызстандын Түштүгүн, Сары Өзөндүн жээктеп жер алып, суу башына конуп өрүш алууда. Ал эми закон боюнча жер укугу 99 жылга берилип, эгер тамтарак салса ал анын менчиги болуп калаарлыгы мыйзамда белгиленген. Демек, ойлонуп тура иш кылып атабызбы? Мүмкүн, шашылыш жер берүүнүн качкындарга анча зарылчылыгы жоктур?! Караманча кереги жок.

Кыргызстанды эмигранттардын өлкөсүнө, баш аламан лагерге айлантуу идеясы чет жактын көксөгөн тилеги. Ал тоо алдынагы кендерге кийлигишүүдөн тартып тамганы өзгөртүүгө чейин болгон жанталашкан ачык, жабык аракеттеринен даана билинүүдө. Бизге качкындар граждандык согуш болгон эле жерлерден жамырып келбестен Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Кытайдын кылмышкерлери дагы терең сүңгүп кирүүдө. Кылмыш кылып качкандарды республикада тез арада чыгарып жиберүү же өз өлкөсүнө кармап берүү чалгыны олуттуу иштердин бири. Кайырчы качкындардан түрдүү оору жугуп, инфекциянын очогу болуп калууда, анткени, качып келатканда бизден аларды медициналык жагынан тилекке каршы, эч ким текшерүүдөн өткөрбөйт. Башка өлкөлөрдө жугуштуу оорулар боюнча атайын текшерет, биздикиндей баш аламандык жок, самсып келгендер эмес, бөтөн чымчык өткөрбөйт. Бул эң туура. Диверсиялык иштерди аткарган качкындар тобу дагы бар экени акыркы мезгилде билинүүдө. Алар мамлекеттин ички биримдигине, коопсуздугуна шек келтирип, түрдүү чыр чатактарды уюштурууга тымызын, активдүү катыша башташты. Айрым кабарларга, маалыматтарга караганда, жергиликтүү кедей, саткын арамдарды валютага сатып алып менчиктештирүү иштерине күрдөлдүү катышып, Кыргызстандын арзан имараттарын, башка мүлкүн ээлеп алышууда. Кыргыз тили мамлекеттик статус алганына бир топ жыл болсо дагы борбор шаардын көчөлөрүндө жаркырап жазыла албаган менен башка кыйтайча, түркчө, англисче, орусча түрлөрүн кооздолуп жазылып көчөдө жаркырап турат. Борбор көчөлөрүн шалтактатып ар кайсы качкын, эмигранттардын тилдеринде жазууга Борбордук шаар мэриясы кандайча кең пейилдик кылды? Кыргыз тилине келгенде желкесин неге курушат? Түпкү улут өз жеринде мынча эмне кор?

Албетте, качкындын баары диверсант эместир. Алар түрдүү катмардын өкүлдөрү. Чындап жан айласы, бала бакырасынын коопсуздугу үчүн тентип келгендер бар. Ал эми өз элине бүлүк түшүрүп адамдарды койдой муздап, качкын кейпин кийген мыкаачы кор башчылар, дубана кейпинде дин тараткандар, наркотикалык заттарды, түрдүү куралдарды саткандар дагы качкындар арасында өтө арбын. Ошон үчүн баарын эле байкуш деп боор ооруй берүү туура эмес. Дегеле биз качкындарды кабыл алууга экономикалык, саясий, тартип жагынан даярбызбы? Жок!!! Анда неге парламент качкындар жөнүндө атайын мыйзам чыгара элек? Тээ 1951-жылы социалисттик өлкөлөр кабыл алган Конвенция бүгүн саясий, юридикалык жагынан суверендүү Кыргызстандын тушунда өзүн актай алабы? Жарайбы? Ким экенин текшербей, тескебей «качып келиптир» деп эле камаарыбай жүрө беребизби? ООНго жакшы көрүнөбүз деп «мүйүздүү болобуз деп кулагыбыздан ажырабайбызбы?». Ооба, «качкынга кара жер куурулат». Жөн эле жашоого мүмкүн болбогондон качып келиптир дейли десек, артынан куугун салып, издеп келип ич ара кегин алып, бирин-бири өлтүрүп кеткен фактыларга кандай жооп издейбиз? Канчалык камкордук көрүп боор тартпайлы «киши жаманы кирип чыкканча билинет, өз жаманы өлгөнчө билинбейт» болуп алардын «айыбы» четинен чыга баштады. «Коногу күч болсо кожосун бийлейт», айрым качкындар ээнсиреп эңгиреп турган элетти коркутуп-үркүтүп, кээси курал көрсөтүп мал жанын тартып алып, бир тобу үй жайды тоноп, тынч жаткан жергиликтүү элге кол салып чөнтөгүн каңтарып,кийимин талап алган учурлары билинүүдө. Бул ач курсактын эле айынан болгон нерсеби же «балтыр биттин башка чыкканбы?» Буга эмне оппозициябыз деп бийлик талашкандар үндөбөйт? Мындайда эмнеге биздин чала өлүк, дээри сатылма, коркок бийлик баш көтөрүп «кой ай» дегенге жарап жаза колдонбойт? Баары эле жең ичинен акчага сатылып кеткенби? Эл нааразы болууда, анткени, алар өзүбүзгө кол көтөрүп коркунуч келтире баштады. Анын үстүнө «кыпындан жалын чыгат, оюндан от чыгат» болгон учур тарыхта аз эмес. Ушундан улам 22 млн.калкы бар Өзбекстан боордошу болсо да бир качкынды жерине киргизбей, кууп, саксынганынын себеби, сыры эмнеде деген түпөйүл ой кетет. «Эчки тууй албай жатып, койго аначы болгон» Кыргызстандын арабөк позициясы дагы аналитикалык ой жүгүртүүнү, талдоону талап кылат.

Акчадан, арактан, пейилден, ыймандан бузулган кыргызга кандай стратегия керек? «Куучуюп бай болгончо, колу ачык кедей бололу» деген тыянакка токтойбузбу? Андай дейли десек, «өлөлбай жатып өлөң айткан», самсалап кудай сурап кайырчылык кылгандар бир аз буту баткандан кийин «түлкү шарияттан баштаганда, тоогуңа сак бол» (англис), болуп ислам динин үгүттөөгө түз өтүштү. Жапырт уурулук күчөдү. Качкындар көбөйгөн сайын бала бакыраны жалгыз жарым калтыргандан чочуп тынчсыздануу, ишенбөөчүлүк пайда болду. «Абийирсизге бийлик бергенден корк, акылсызга кылыч бергенден корк» (Пифагор) дегендей кылмышкер качкынга өнтөлөп кучак жайып колтугубузга киргизген жокпузбу? Мындан кыйла жыл мурун Бишкекте ЮНЕСКО өткөргөн Борбордук Азия аял журналисттердин семинарына Тажикстандан келген бир топ журналист аялдар: «биздин корбашчылар тытык чапан кийип көчөлөрүңөрдө жүрүшөт, бизди көрсө «таанып калды, айтып барат» деп бизди өлтүрүп салат» деп өң алеттен кетип, коркушуп, сыртта өткөрүлүүчү маданий экскурсияларга, иш чараларга тырышып катышпай баш тартышканы эсимде. Көрсө, ошол учурда арча түтөтүп акча доолап бизде жүргөн качкындардын көбүнө аларга сыртынан өлүм жазасы берилип, издөө салынган экен. Ошон үчүн тигилер титиреп коркушуптур. Колтугунда канжары бар, кир чапанчан, жылаңайлак галош кийген, сапсыйган сакалчан террорист качкындарды албетте, биз тааныйбайбыз деңизчи. Илгери бир сараң ачкөз ууру айтат дейт: «соерун сойдук, тогузкатын кантип артабыз?» деп, анысы кандай баары болбосо дагы бир тобу өз элинде: «канкор» аталып, адам канын суудай агызган кылмышкерлерди кантип кайра өлкөдөн кууп чыгабыз? Аларды ким тааныйт, ким бетин ачат? «Башына күч келсе байтал жорго» дегендей, чындап Орто Азия боюнча издөө салынып териштирүү башталса «күчтүү күчөнсө күчүнө келет, күчү жок күчөнсө мертинет» болуп кайра өзүбүзгө кол салса кофе ичип, кыргызды кантип чөгөлөтсөк деп, кагаз жазып отурган биздеги ООНдун качкындар башкармасынын колунан не келет? Алар биздин граждандардын коопсуздугуна кепил боло алышпайт да, андай болгон соң ООНдун тыйынына кызыгып качкын аталгандын баарын эле калкалай берүү жөнсүз го.

«Итти күчүгүм десең оозуңду жалайт» (казак) болуп өткөндөгү Тажик маселелеринин оппозициясы менен президентинин Бишкектеги жарашуусунан кийин качкындар көбүрөөк агылып келип «конуш алганча өрүш ал» болууда. 4 жарым млн. элге 1 млн. качкын өтө көп эмеспи? Эл аралык эрежеде аларды кандай критерийлердин негизинде, канча санда кабыл алыш керек? Жок дегенде элдин коопсуздугу үчүн КГБ, МВД болгон күчүн салып качкындарды кылмышкерлерден тазалаш керек. Кылмышкер, жугуштуу оорулу качкындарга Кыргызстандан баш калка бербөө жагын катуу көзөмөлдөө зарыл. «Кырк киши бир жакта, кыңыр иш бир жакта» турса, анда эле кудай урду. Азган-бозгон бандиттерди өлкөгө толтуруп алуу тарых алдында кечиримсиз. Бул гуманизм салтына деле жатпайт. Мунун аягы кандуу окуялар менен бүтөт. «Эркиндик —бийлик чокудагы абадай, аны ар ким эле көтөрө бербейт» (акылман Зенон), «жаман сөздөн, жаман көздөн» эркиндикти сактоо дагы эрдикке тете зор иш. Жер, эл кыргыздыкы болгон соң ага ар кимибиз жоопкербиз. Бир кылым мурда 2% орус кыргыз конушуна кыртыш күтүп байырласа, эми 85% түрк тилдүү кыргызды жеңип тилин официалдуу кылууга жетишти. Мурунку парламент эне тилди мамлекеттик тил кылып саясий статус берсе, «кесирдүү келген бактыны кетирет» болуп азыркы парламент, бийликке жагынып дагы эле күнкор абалында «өсөр эл өзүн сыйлайт, өспөс эл жатын сыйлайт» кылууда. «Кең бычкан кийим жыртылбайт, кеңешип кескен бармак оорубайт» кылып тил, жер укугун, кош граждандуулук берүү же бербөө жана качкындарды өлкөгө киргизүү же киргизбөө сыяктуу мамлекеттик өтө талуу саясий маселелерди элге чыгарып ратификациялоочу референдумга, жок дегенде консультативдик референдумга алып чыкса калыстык болмок. Эл өзү чечмек. «Кеңешчиң болбосо, кабыргаң менен кеңеш» дейт байыркы кыргыз. Анткени, жакын арада башка өлкөдөн качып келүү процесси токтобойт окшойт. Буга ООНдун улуу Комиссарынын келип ал абалды көрүп кеткени жана качкындар башкармасынын Бишкекте Орто Азия боюнча качкан-бозгондордун маселесин чечүү үчүн миграциялык борборду түзүү жөнүндөгү чечими аргасыз ишендирет. Анын үстүнө алар котур, сарык, кургак учук, котон жара, СПИД ж.б. жугуштуу оору менен ооруган качкындарды, кылмышкерлерди күргүштөтүп киргизүү элди эпидемияга чулгабайбы деген суроого ачык жооп беришкен жок. «Жардам беребиз» деп тил эмизүү менен, ааламатты башынан өткөрүүнүн айырмасы асман менен жердей да. Кандай болгон күндө дагы беймарал жүрө бербей качкындар жөнүндө мыйзам кабыл алып, аларды катуу көзөмөлдөө мезгилдин талабы. Мезгил «бир көзүң бир көзүңө жоо» учур. Эмигрант качкындар азыраак түпкү элди ассимилация кылып койгон окуялар тарыхта аз эмес. 1 млн. качкындардын баары түбү кыргыз экен дегендин өзү жалган кеп. Бул паракор чиновниктердин чыгарган жөө жомогу. Ушинтип, элди алдайм дешет го, алардын түрүнөн эле ким экени көрүнүп турбайбы? «Сактансаң сактайм» дептир деген ушу сөз. Саясий стабилдүүлүккө өзүбүз дагы муктажбыз! Ошол тынчылыкка да шүгүр, ылайым бүт дүйнөдө бейпилдик болсо гана. «Азаттыгы жок элдин азабы көп». Качкындар ата мекенине кубанычтуу кайткан учур тезирээк келсе экен. «Үйүңдө тынчтык болбосо бейишиңден не пайда» деп көөнө кыргыз бекер айтпайт. Эмнеге коңшу өлкөлөр аларды кабыл алган жок? Түбү алар эң туура иш кылды. Нукура кыргызы эки жарым миллиондон ашпаган алакандай Кыргызстанга качкан бозгондордун кереги эмне эле?!

1997-жыл, 3-июнь

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Сыдыкова К.С., 2003. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 33441