Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сыдыкова К.С., 1995. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30 апрели

Кален Султангазиевна СЫДЫКОВА

Насыя нике

Аңгеме

Табигат тартуулаган энелик касиетин оорунун запкысынан турмушта ишке ашыра албаган, арга аралжы издеген эненин жаналакети, стереотип улуттук үрп-адаттын негизинде нике кыйылганы, бул жашоодогу адамдын кастарлуу орду кандай деген соболого жооп издөө тууралуу

Сыдыкова Кален. Күч күйөө: Көркөм публицистика. – Б.: «Бийиктик», 2003. – 148 б. китебинен алынды

ББК 84 Ки 7
    С – 95
    ISBN 9967-21-509-7
    С – 4702300400-03

 

Улуу тоого кут түшкөнсүп TOO башында кылымдарды карыткан муздак көл. Too тирей ашуу өрдөп түшкөн миң тарам узун айылдын өңү ийрилип жаткан чоң жыланды элестетет. Бул жерде он жебе элинин уңгусу жайгашкан. Котон уруусу ушул жерден агарып-көгөрүшкөн. Кат-кат төшөк салынса дагы жайкы саратанда астына муздак сыз өтүп адатынча Айтобо жалгыз. Бир топ жылдан бери шал. Санаасы кыялап беймаксат шыпты тиктегени тиктеген. Бурч-бурчка түшкөн желе ал үчүн айтып бүткүс-кыял, табышмак. Үлбүрөп турганын карасаң, көзүнүн курчу жетишинче желенин канча тарамы бар экенин ичинен жаңылбай саноого алакеттенет, жаңылат, кайра санайт. Жаңылса деле анын тарамы көңүлүнө жат. Анын бир эрмеги ошо. Кыярган шыпты тиктеп кылым жашагансып санаасы саргайды. Тактайдын кайчы түшкөн жолдорунан көп нерсени түйшөлүп түшүнүүгө, аны ар нерсеге окшоштурууга, окуяга байланыштырууга аракеттенет. Өтө эле көп жылдан бери шыпты тиктөөдөн тажайт, зарыгат. Минтип жалдырап жатканына кээде бир кылымдай, дүйнө токтоп тургандай сезилет. А бирок, андан качып кайда барат. Жылуу үйдө бутунун үстүндө жанатан бери уктап жаткан таргыл мышык туруп, түпкүчтөй түйүлүп куйругун көтөрө жылма басып кеткени Айтобаны кудайды карабай суктандырды. Чексиз кыймылга не жетсин, кээде эзилген, чарчаган оюна ушул таргыл мышык миң кубулуп түркүн түстө түшөт, кыялга алаксыйт. Анткени, ал дайым аракетте. Тунжурайт. Ууру ой кайра кылт этип санаанын бир учунда күйүп жанат. Үмүткө тамызгы болгону анын жаштыгы. Кандайдыр кубулган ой-тилегине жетишүүгө көңүлү өргүп, ар нерсени күсөйт. Жараткан өзү адам кыялын арсыз да, көйрөң дагы жараткан тура. Анысы аз келгенсип кыймыл жасай албаса дагы кудурети күчтүү акыл баарын тескеп, миң кубулат го чиркин. Жалбырттаган жаштыгынын мезгили терге, заарага чачырап коңурсуган төшөктө беймаксат өткөнүнө өкүндүргөн, бар тобокелге салып өз турмушун өзү чалмакей салууга даяр болуп үмүтүн өчүргөн өкүткө кекендирип, таруунун башындай көөдөн өйдө түйүлүп келген ачуу ыза аны муунтканы муунткан. Эч ким жокто көзүнө каканактап ысык жаш келет. Тигине, жадакалса жөргөмүш дагы көртирилиги менен машакат үстүндө. Жөргөмүш жан алакетке түшүп тарбалаңдап кыймылдаган сайын бир топтон бери тарала элек чачынын түбү кыбырап кычышты. Тырмаганга дарман жок. Бул бир шор да. Оюнда башынын кычышканын жакшылыкка жоруду. Кычышканды сезгени денеге жан кирип, кыймыл башталганбы? Дүрт эткен бейоопа кубанычтан деми кыстыга түштү. Үйдө кыбыр эткен жан жок. Терезеден түшкөн күнгө караганда түш оогон окшойт. Күн жылып отуруп Айтобанын аркы колтугуна өтүптүр. Күндү ким жаратты болду экен? Ал неге телегейи тегиз болгусу келет?

Анын минтип төшөк тартып жатканына бир топ жыл чамалады. Энесинин көрсөтпөгөн дарыгери, табыбы, бакшысы калбады. Азап жеди. Эне байкуш баланын бардык түйшүгүнө, азап-тозогуна чыдайт тура. Эң асыл жүрөк, эң шордуу жүрөк ушул эненин жүрөгү экен. Убал, кызынын көр-азабын тартканы бир тең да, аны ойлоп өмүрүн кертип санаа чеккени, капаланганы бир тең. Кызы бу ооруга дипломатия институтунда окуп жүргөндө чалдыкты. Өңү түсү келишкен Айтобанын артынан калбай чуркап, аны көрүп саламдашып кездешкенин бакыт деп сезген не бир азаматтар бар эле... Ошондо эч кимисин теңине албай койгон, азыр кээде ойлоп ошолордун кусуру урбады бекен деп капалана калат. Мүмкүн бирөө жарымына көңүлү бурулаар беле ким билет, оору анын турмушуна каскак болгонсуду. Ошондой шатыра-шатман жашоо болду беле, же болбоду беле дегендей эми ал бүтпөй калган студенттик куракты көңүлүндө түш сыяктуу элестейт.

...Ал азыр кайда болду экен? Сыркоолоп жыгылганда ал эки жыл катары менен күдөрүн үзбөй каттап турду, кийинчерээк турмуш шарты ошондой болдубу же анын айыкпасына көзү жеттиби, айтор, дайын отун билдирбей дарексиз кетти. Убагында жаштык кылып, өзү дагы аны ичинен баккан менен жакшы көрөрүн аңдап биле элек эле, ал жөнүндө ага ооз ачып айтпай тымпыйган боюнча кала берген. Мүмкүн үйлөнгөн чыгаар... Кыялга чиркелген таттуу ойлор. Арманга толгон үзүндү ырлар ташкыны көкүрөгүн өйүп келет. Нөшөрлөнгөн кыялга бирде илинип, бирде илинбеген сөз бермети аздектелип иргелет. Не арман, не аруу тилек аны серпилтип дирилдетет. Жашоо жанга батып, аны кыйууга да дарманы жок экенин -ойлогондо заманасы куурулуп көңүлү чөгөт. «Күйүт деген чоң жоо» экен, кээде түйшөлүп кирпик какпай атырган таңда анын жан-дүйнөсүнө кубаттуу сезим келет. Мурун андайы жок эле, акыркы жылдары сериккендиктенби же көңүл чөгөргөн ойго алдыргандыктанбы, түн ичинде кыздын көзүнө бир ууч көгүлжүм нур шоолаланып, уюлгуп көрүнүп, кулагына үн угулат. Алгач бул үнгө анчейин маани бербей оорунун залалынан го деп жүрдү. Акылыман айнып баратамбы, бул үндөр өзүмдүн оюм болсо керек деп, угулган суроого жооп бербей коркконунан көзүн чылк жуумп алуучу.

Кийинчерээк бул көгүлжүм нурдан чыккан үн экенин баамдады. Жакшылап байкаса үн алышканда эркек түрүнө кубула түшөт экен. Элес албагандыктан го, биринчи жолу кулагы угуп атканын же туюмунда сезип турганын байкабай жүрдү. Адаттагыдай бул саам көгүлжүм нур негедир терезеден агыла уюлгуп кирди да, үй ичинде калкылдап каалгый удургуп туруп тээ бир убакта кыздын бут жагына уюду. Акырындап дене өйдө жылып кыздын төшү чеңге келгенде жандуу немедей ойдолоп барып токтоду. Эмнегедир кыздын эмчектери зыркырады. Нур аягы эки ача болуп кур курчангандай ыраттуу толкун түрүндө толкуп туруп:

— Сени издеп жатышат.

— Эмнеге? – деди, кыз араң даап.

— Сенде жети атанын мураска калтырган белгиси бар.

— Мунун, эмне, алымды көрүп туруп шылдыңдаганыңбы?

— Ардыкпа, алардын айтканы чын. Денең кургап турса дагы жатынындагы баланын үйү ысып-күйүп дуулдап турган экен.

— Тажадым, жанымды алса эрте алсын.

— Бул оюңдан кайт! Сен Умай эне болосуң.

— Кордогонундун чеги болоор. Кудайга эмнемден жаздым экен, тирүү туруп санда жок болуп, кор болдум.

Көгүш нур коштошпостон аяк өйдө түрүлүп барып топчудай шоолага айланып сыртка тартылып кетти. Демейде, кайтарында кыздын төшөгүндө ары-бери жай жылып, кыз¬дын жансыз каткан эмчек үрптөрүн зыркыратып барып токточу эле. Бу саам антпеди. Күндөлүк турмушта башка адамдарга билинбеген менен кыздын ички турмушунда тынымсыз өзгөрүүлөр болуп жатты. Кээде көгүлжүм нур келип кеткенден кийин бир тутам сүттөй таза ак нур шаркыратмадай агып келет. Түркүн ыргак чыгарып, кызды эс-мас кылат. Доочудай болуп:

— Жаныңды карыз бер, – дейт өктөм.

Аңгыча кайдан-жайдан экени белгисиз ийненин көзүндөй кызыл нур кызды айланчыктап учуп-конуп, көңүлүн өзүнө бурдурду.

— Жаныңды бер, келечек ымыркайга салам, – дейт ажалга айланган ак нур жылан кейпинде сурданып.

— Бербейм. Жан жанга салынбайт. Аманат жан бирөө, али ичээр суум, көрөр күнүм бардыр, – дейт кыз ачууланып.

— Сен коркунучтуусуң. Сенин жаның керек! Даярдан.

Бир тутам сүттөй ак нур сыртка агып чыккандан кийин, баягы ийненин көзүндөй кызыл шоола шыпка көтөрүлдү:

— Жаныңды бербе, мен али жарала элекмин.

— Сен кимсиң? – деди кыздын туюму.

— Сенин күчүңдү түбөлүк улантуучумун. Тегерегинде эле учуп жүрөм го, билбейсиңби, мен келечекмин. Бул жалган — чын дүйнөдө жети жолу жаңырып жаралдым.

— Жарала элек болсоң кантип жандуу болуп учуп жүрөсүң? Менде эмне күч бар минтип жарым-жан соолуп жатсам? Деги сен кимсиң? – деди кыз туюмунда бүдөмүк кооптонуп.

— Жанмын! Адам жаны түмөн жолу жаңырып жаралгандан кийин өлбөстүккө айланат. Жанга улам жалганат. Мен өлбөсмүн, жети жолу улуу болуп жаңырып, жети жолу дүйнөгө даңазаланып жалган дүйнөнүн түйшүгүн тарттым. Мен сенин жаныңа жакында жалгашам.

— Кудайдын бал китебинде жан бирөө, бирөөнүн жаны бирөөгө салынбайт, ага тең табылбайт дейт го. Деги сен кимдин жанысың? Касиеттүү экениң чын болсо айтчы, адам жаны денеден да тышкары болобу? Арбак жандууга киреби же жансызгабы? Сен мага өтүп өлбөстүккө айлангандай менде эмне күч бар? Мүмкүн сен көрүнчү болбогун? Үмүтүм соолуган. Жан алгыч азезил болсоң кыйнабай жанымды ал, жансыз жалгыз дене жатканда не...

— Билгенден биле элегиң, тааныгандан тааныбаган көптүн бири экенсиң. Бардык нерсе кыймылдан турат, ошондуктан жан өлбөйт, болгону башкага көчүп кетет. Сен убактылуу жана түбөлүктүү болгон эки касиеттин ажырымын ылгабай жүрүпсүң. Сендеги жан кайсы бир кылымда улуу падыша болуп дүйнөнү дүңгүрөткөн тарыхка калган. Азезил жок, а жанда көчүү, жаңылануу бар.

— Койчу, биз ар түрдүү динге, улутка бөлүнөт эмеспизби, мүмкүн көңүл уулап тургандырсың? Ошондо менин жаным мурун эркек беле же ургаачы беле? Алар өткөн тарыхын жадына сактап калабы?

— Бир эле жан миң жолу кубулат, бирде аял, бирде эркек, бирде маңкурт, бирде даанышман, бирде таланттуу, бирде дөдөй. Жан динге, улутка бөлүнбөйт, анын бир гана жаратуучусу бар... Антип силер бөлүнөсүңөр.

— Бул эмне мени шылдыңдаганыңбы?

Жаралгандан адам түсү, жынысы, улуту боюнча бөлүнүп келатпайбы, мунуна ишенбейм. Бир Жаратуучу болсо неге миң пайгамбар жаралып адамзатын миңге бөлүп отурат? Сен мени эч нерсе ойлой албаган алсыз бечера деп ойлоп жатасыңбы?

— Пайгамбармын деп элди бөлүп жик түшүргөн адамдар өздөрү. Сен эмне ошол пайгамбармын деп өз окуусун таңуулагандар кезегинде үйлөнүп үй-жай күтүп, мүлк күтүп, бала бакыралуу болуп, элге бүлгүн салып өздөрүн даңазалаганын билбейсиңби? Жараткан бирөө эле! Жана жаралган жан эстеп калабы дейсиң, денени жашаткан ошо жан болсо ал ааламдын сырын өзүнө сактап, керек болсо тагдыры кандай болоорун билет.

— Токточу, мен мурун жылан же акула болгон жок белем? Жанагы арбак жандууга киреби деген суроомо тайсалдап жооп бербедиң.

— Силер, тирүү адамдар кыйынсыңар, бир эле нерсеге бир нече ат коюп элдин башын айлантасыңар, ошол арбак дегенин учуп жүргөн жан да. Бирок, ал адамга эч качан көрүнбөйт, өзгөчө касиети барларга гана көрүнөт. Силер көбүнчө калп айтасыңар, адамдардын турмушунун жарымын калп түзөт, шоруңар ошондо. Жок сен жылан болгон эмессин, адам жаны адамга гана жалгашат.

— Деги мен айыгамбы?

— Сен мурунку жандын ээсинин азабын тартып жатасың. Ал миллиондогон адам өмүрүн үзгөн, ал кылмышка кепил болгонун ошо миллиондогон жан сенин демиң менен кирип ар бир клетканды талкалоого үлгүрүштү жана өздөрү да өлүштү. Сенин үч жерин өлгөн жок: мээң, жүрөгүң, жатының. Ошондуктан сен өлбөссүң, тирилесиң, бирок, адамзат кылмышы үчүн азап тартып жанынды арачалайсың.

Бу түнү кыз туюму удургуп кирпик каккан жок. Туйганына, билгенине же акылы адашып кеткенине ишенеер ишенбесин билбей күдүк ойдун чоң капканында калды. «Эгер жан үчүн дин, улуттун айырмасы жок болсо ар бир улуттагы, ар бир пенденин тукум-укумунан келаткан табыгый белги, мурас мүнөз, биологиялык белгилер бири-бирине кантип так берилет? Же жаралып жашап жаткан жан менен жарала элек жандын системасы барбы? Токто, жарала элек жан дене пайда боло элек болсо эмненин негизинде жашайт? Каякта турушат? Арбак кейпиндеби же...» Түбү жок ойлордун туткунунда калган кыз алгач терезеден кылтыйган күндүн нурун байкады.

Таң атпай энеси калпак кийген бир адамды ээрчитип кирди. Дасторкон жайган апасы мурутчан менен ар кайсыны сүйлөшүп көпкө отурду. Тигил кызды ууру карап, кээде нес болгонсуп теше тиктейт. Тобо, тигинин ушунча жыл сыркоолоп жатканына карабай чырайына чыгып «кызылы кызыл, агы ак болуп» не бир ажарланган кызга насибин агытып турганын карасаң. Көзү кыздын шилисинен өтөт. Бу жөн көз эмес экенин сезип ал ичинен чочуп кетти. А мүмкүн көгүлжүм нур ушул болбосун деген ой кетти көңүлүнө. Анын теше тиктегенинен жалтайлап, көзүн чылк жуумп алды да санаасы санга бөлүндү.

Көптөн бери толгонуп жүрүп чечкенби же бирөөдөн укканбы кыздын энеси молдого барып акыл салды. «Сыркоонун ахывалынан көп жылдан бери жылыш жок, не бар не жок бул дүйнөдөн так кетсе тигил дүйнөдө күнөөгө батат дейт, мунун жолу барбы» дегендей суроо салган. Сыягы көңүлүнө алда нелер келип тынчсызданса керек. Албетте, бул кымгуут тирүүлүктө шал ооруга ким ашык болуп турмак эле. Анын үстүнө адамдыктын жолунда көп жыл кудретсиз, төшөк тартып катуу ооруган пендеге, акылынан айныгандарга, кызтекелерге нике жүрбөйт. Бирок, адам акылына баш ийген, ийбеген жол көп... Издесе адамзатка түрдүү жол табыла берет эмеспи. Адам өзү бир тамчы уруктан жаралган соң жан салаар күнү абийири таза, көңүлү күлгүндөй ачык болуш керек деп байыркы Умай энелер осуят калтырган. Жан жаратуу ыплас кошулуу эмес, жан дилдеги аруу тилек, чоң ыклас. Канчалык зарыл болбосун «аял тарткан азап — макирөө этек кир» учурунда нике байланбайт. Молдонун айтымына караганда адам адамдык никени көтөрө албаган кудретте болсо, өмүрүн беймаксат кыйбаш үчүн көңүл жооткотуп жакшы көргөн буюмуна нике кыйса болот экен. Көбүнчө нике жалгашсын деп чайнекке нике байлайт, анткени, күндө бирөөнүн жардамы менен жүзүн чайыганда, астынан даарат алганда, мурдун, оозун чайкаганда, кол менен кулак түптү тазалаганда жандуу нерседей жалгашат тура. Баш ачкан никенин бир жолу ушул экен. Адамдан амал качып кутулбайт, муну кайсы көчмөндөрдүн акылманы тапты экен? Мындай жолдун бардыгын угуп адат менен көнүмүш сенек салттын туткунунда калган курган эне бир эсе таң калса, бир чети кудайды карабай кубанды. Түшүнгөн кишиге бу эми айла жоктун иши деңизчи, кептин баары ар бир нерсенин жолунун сакталышында экени кызык. Күчтүү кучак, ысык эринге не жетсин. Ошентсе дагы адам жаралгандан жан парзын өтөбөй кеткени Теңир алдында жазаланат деп коркутушат, ким билсин анысын, канткен күндө дагы тирүүлүктө жол табылып кыял-сезиминде арууланып, көр дүйнөдө адамдык ишенимин өлтүрбөй үмүт жылоолоп өз жанынан аша-кечүүдөн, булганч нерселерден алыстатса, арачаласа табылган жолдун оң натыйжасы ушулдур... Пенде турмушундагы өзгөчө кырдаал, шартты эске алып эне доорунда адамдар өздөрү мүмкүн чапма никени ойлоп табышкандыр, кандай болгон күндө деле кыймылсыз жаткан «бейтаптын» сообуна калуу үчүн анын макулдугун алуу парз. Тирүүлүктүн шаңы тирүүлөр үчүн, жан жыргабаса да жолун жасап жаңыртып туруш милдет имиш.

Шашке ченде мурутчан Айтобага тешиле тиктеп отуруп бу никенин жол жобосун жайбаракат түшүндүрдү.

«...Бир жатындан чыккан экенине карабай аял, эркек Кудайдан коркуп өмүр сүрүш керек. Бул күнүмдүк өмүр — жалган дүйнө экен. Бардыгынан өлүм ак, бу жалганда албаганды акырет берет. Кайсы мезгил болбосун адамдардын көбү кайрымсыз. Нике жүргөн аял жайкалган өрөөн, жайык төшөк. Дили түшсө лаззатка батмак парз. Чоң дарт чалып катуу сыркоо болгон соң, адам никесин көтөрө албаса, жакшы көргөн буюмуна адалдап нике кыйып коюу пенде алдында парз...» Кыздын дитин көндүрүү үчүн ар алакеттен өтүп кобуроодо. Кыз беймаза болуп турса дагы айтылган сөздөрдүн маанисин жадысына тутуп калганга аракеттенди. Алакан оту жанып чыккан карылуу колуна бейтаптын алсыз муздак колун кармалап отуруп молдо анын макулдугун этиет сурады. Кызды ой басты. Анын көкүрөгүндө көгүлжүм нур менен болгон сөз ажары толкуп турган эле. Шыпты тиктеп жаткандан кареги талыдыбы же чын дитинен тигинин сөздөрүнө ынанып макул болдубу, же ага баары бир болдубу, айтор, кыз кирпигин негедир жай ирмеди. Муну илгиртпей байкаган молдо макул деп түшүндү, ордунан туруп:

— Кызды даярдаңыз, кечинде келем, – деп сыртка чыга жөнөдү.

Кыз ичи кыямат. Аягы жок бүтпөгөн ой каптады аны. Тообо, адамды дагы ушинтип мазакташабы? Адам табияты буюм менен теңби? Адамзаттын даражасы, наркы, куну көңүл соороткон болбогон нерселерге теңелеби? Айрым бүбү бакшылар кара дубанын күчү менен эрин чанган ай чырайлуу асылзаада бийкечтердин башын байлап койсо, керелдин кечке үйдөн чыкпай жүктү сылап, эринин көзүн карап калат дечү эле, ошол чын экен го. Адам көңүлүн, дитин буюмга байлоо кандай сыйкырдын күчүнө багынат болду экен? Эркти сындыруучу, акылды буруп коючу кара күч адам касиетинде кантип сыйып турат? Ушинтип жашоо адам стихиясына туура келеби? Же «жай турмуштун» маңызы ушулбу? Бу илимди азыркы билимдер жокко чыгара алабы? Бөк түшүп кыялаган ойлорго жооп таба албай кыйналат. Жол... Бардык нерсенин өз жолу бар. Адамды минтип ким жараткан? Жолсуз жүрүүгө болбойбу? Жарым жан мага ушул Жол зарылбы? Бул ким үчүн? Кыздык ышкыны кыяртып буюм деңгээлинде калтыруу адилетпи? Нике эмне үчүн жансыз нерсеге жандуунун жанын оорутуп жалгаштырылат? Же материянын ички кыймылын дин биринчи тапканбы? Никенин биринчи шарты бүтүндү бузуп жалгашуу болсо адамга буюруп, багышталган нерселер өз орду менен болуш парз го акыры... Демек, ылайыгына жараша какаганга муштаган жол табыла берет экен. Көңүл сооротуу үчүн эмес, жашаш үчүн нике кыйылаарын адамдар өздөрү аңдашпайбы? Сары ооруга сарысанаа кошулду.

Курган эне аа, энелик парзымдан кутулуп жатам дедиби, айтор, көңүлүндө алда неден жеңилденгендей жыт чыгарып, боорсок камында күйпүлала. Каршылык көрсөтүп, жекире карап, кабак түйгөнүнө карабай кызды кебез менен жылуу сууга алып, башын таза самындап жууп, шейшебин которду. Жаңы жаздыгынын алдына таза чүпөрөккө ороп жалбыз койду. Кыздын бир топтон бери оркоюп өскөн буту колунун тырмагын таза алып, оозун чайкады. Ага жаңы кийим кийгизип бүткөндөн кийин үйдү арча менен аластап өзүнчө алек. Анда-санда гана алда нерселерди күбүрөнө кобуранып коет.

— Капа болбо балам, тарта турган шоруң бешенене жазылган соң аны тартпаска не чара. Аластап атканым бу дагы тирүүлүктүн шааниси. Кагылайыным ай, тагдырың ушундай болот деп ким ойлоптур, сенин кор болгонуңду көрбөй алдыңа кетсем эмне, – эне үнү каргылданып, кирдей түшкөн гүлдүү ак жоолуктун учу менен көз жашын сүрттү. — Же бир жөлөк болоор ага-иниң, эже-сиңдиң болсо не...

Санаа басып бушайман. Аны ой эзди. «...Ушунчалык дагы басмырлоо болобу, тирүү жанды көз көрүнө буюмга теңеп, ушинтип кордогончо жаратканың бар болсо, ама¬нат жанын албайбы. Ушуну акмак ойлоп тапканбы же акылман ойлоду бекен? Жан дүйнөнүн жабыгуусунан арылтуу үчүн адамдар ушуну ойлоп табышкан го. Менин эрим чормойгон чайнек болобу? Тообо, шарттуу нике кыю мусулманчылыкта эле барбы же католик, буддизм, христиандарда дагы жолугабы? Жоо, бул баарыдан мурун көчмөндөрдүн ырым-жырымы болуш керек. Айыгып кетсем чайнектен мени ким талак кылат? Өзүмбү же күбөлөрбү? А эмне үчүн мен талак кылууга акым жок? Мыкты аял болсо эмне үчүн жаман зайыпаана эрине баш ийиш керек да анын айтканы менен болуш керек? Оо, кор дүйнө, кандай кеңкелес да сырдуу да ырдуу дагы немесиң. Кимдин мыйзамы күчтүү, адамдардын мыйзамыбы же табигаттынбы? Макул нике кыйылды, кокус мен өлбөй айыгып күйөөгө тийсем кош никелүү боломбу? Деги никенин ошончолук эмне кажети бар? Ыкласым түшүп өз каалоом менен жаным кошулса, ал менин өз ишим да. Үй-бүлөө, коом алдындагы жоопкерчиликти сезип жашаш үчүн, баш аламандыкка жол бербөө үчүн нике зарылбы? Нике жоопкерчиликпи же кепилдикпи? «Туттум» деп бир айтып түмөн түйшүк тартып миң азап чеккичекти «сүйөм» деп миң жолу ырахатка баткан артык эмеспи... Эх адамдар, эмне үчүн никесиз болсо жаралган жанды арам, адал деп экиге бөлүп корсунтасыңар? Эри туруп ойноштон төрөгөндөр кайсынысына кирет? Табият эмне жаратса анын баары адал го акыры... Жан дагы арам, адал болуп бөлүнөбү? Минтип ким бөлсө, ошол өзү арам деп эне доорунда Умай энелер айтышпады беле... Ооба, тарых ушинтип эскерет аларды. Минтип бөлүнүүнүн чыныгы маанисинде эмне бар? Адам атасы жараткандын урку эмне дейт? Кыздын кечке алпурушкан кыйчалыш ою ушунун тегерегинде болду. Анын ооруп жатып дүйнөнү аласалдыргысы келген ойлору менен эч кимдин иши жок эле... Ал баары үчүн болгону төшөктөн тура албаган шал оорулуу кыз болчу.

Кеч бешим. Келчү неме келди. Энеси дасторкон жайды. Негедир бул жөнүндө сүйлөшүү экөөнө тең жагымсыз болдубу унчугушпай сыпайы тамактанышты. Бир убакта энеси айттырбай туруп ичинде таза суусу бар жаңы ак чайнек, бир чыны бышкан койдун сүтүн көлкүлдөтүп көтөрүп келди. Малдаш урунуп отурган тигил кызга жүзүн буруп, чайнектин чоргосун кызга жүздөштүрө коюп бир топко бирдемелерди ичинен күбүрөнүп, сүттөн этият ооз тийди да чыныны энесине сунду, энеси кызынын башын өйдө көтөрүп сүттөн ичирди дагы калганын күбөгө өтүп өзү жутту. Анан кыз башына бир чарчы гүлсүз ак жоолукту оңдой байлап, ак чайнектеги суу менен кыздын жүзүн, колун чайкап жанына койду. Эки ортодо дымый түшкөн тынчтык бир топко дымырады. Оо, бир топтон ки¬йин булоолонуп бышкан чүйгүн эт алдыга келгенде «ал, ал» болуп айласыз сөз жалгашты. Түндө уктабаган кыз күндөгүдөн өзүн начар сезип, башы айланып жатты. Бүгүнкү жорук аны өтө кыжаалат кылып, көңүлүн бузган эле. Нике чыныга таза суу эмес сүт куюлганы, эч ким жок калгансып энесинин күбөгө өткөнү аны ойго салды. Ушу саам оорудан эмес, адамдык мамиледен запкы тартып кор болду, басынтуу сезимин өткөргөнгө ага дагы бир дарт кошулгандай өзүн оор сезип ызадан көзүнө жаш келди. Көңүл чөгөт кылган ушул окуяга акылы тунук кыз ичинен абдан капа болуп, маанайы чөктү. Демек, кемсинтүү жан дүйнөгө атылган ок экен го, ызага өрөпкүгөнү көпкө басылган жок. Көңүл жубатчу никенин кыйылганы анын өлүмүнүн жакындап калганын билдирбейби? Кыз ушул ойго айланчыктап туруп алды. Бир убакта апасы күйпөлөктөп кебез менен чайнектен даарат алдырып атканын сезип, жагымсыз сезимден денеси жыйрыла түштү. Чын эле денеси жыйрылдыбы же ошондой сезимди сездиби? Өзү кабыл ала албаган сырдуу никенин өзүнө жалгашып жатканына ичи ачышып, кудурети болсо тескери карап кеткиси келди. Насыя нике жалгашты. Бул чоң кордук, оор кемсинтүү, анын көңүлүн көпкө эзип, оор ойдон кутула албай кыжаалаттанып жатып дагы бир түндү уктабай өткөрүшүнө өбөлгө болду. Кордук деген ушул да! Оо, оопасыз дүйнө, алакандын отундай кыз белгини алуу ааламаттан бетер дил азытканы эмнеси? Кыйсыпыр түшкөн кызыл санаа кызды эзет. Үй күңүрт. Башына тушташ таза чүпүрөктүн үстүндө нике жалгашкан гүлсүз ак чайнек чоргосун чормойтуп турган экен. Көзүнө жаман көрүндү. Кыздан муздак тер кетти. Башы айланганы басыла, чөккөн көңүлү ачыла турган эмес. Чайнекти көргүсү келбеди. Оюна элес-булас тээ бир кездерде, айлуу түндөрдө бакка такап жанын койбой өпкүлөгөн, жалынып жалбара сыга кучактаган, алгач дене бойду дүркүрөтүп «бөдөнө тумшугун» кармаган боз улан эсине түштү. Эми ал кездерге кайрылуу кайдан... Шарт боюнча буюмга ыроолонгон нике үч, жети же отуз күнгө же үйдөгү билерманы туура көрсө кайтыш болгучакты созула берет. Эгер адам тилден калса, акылдан айныса никеге күбө тарабынан талак кылынат. Алда, теңирчилик ай, турмуш нускасын мезгил элегине калчап доор аралатып келет. Бул жасалмалуулукту же даанышмандыкпы?

Түн. Көгүлжүм нур терезеден агылып түшүп чайнектин жанына байыр алды.

— Өлүк кейпин кийип неге кумсарасың?

— Нике кыйылды мага, жанымда турбайбы.

— Койсоңчу, бул жан жарата албайт да, – көгүлжүм нур айланып чайнектин сол жагына төгүлдү.

— Пендечиликти өтөп кетсин дешкени го...

Аңгыча көгүлжүм нур бийикке серпиле түшүп, кайра удургуп келип чайнектин чоргосуна төгүлгөндө чайнекке кыймыл киргенсиди. Бир аз чайпалды. Аңгыча кайдан-жайдан пайда боло калганы белгисиз ак нур агылып кирип көгүлжүм нур менен аралашып, бирде бөлүнүп-бөлүнбөй, жарк-журк этип турушту. Өрүлө түшүп улам жанган нурлардын бөлүнүшү алардын ортосунда карама-каршылыктардын болуп жатканын туюнтушту. Эмне болгонун ким билсин, чайнектин чоргосу шыңгыр этип сынып түшүп ичиндеги суу көлдөп калды. Караңгыга көз бүткөнсүп, улам бир жерде куушуп оролушкан көгүлжүм жана ак нур оо, бир топко тынымсыз алышты да терезеден куюндай уюлгуп чыгып жок болушту. Сыркоо мунун өзү өңү же түшү экенин ажырата албай, беймаал учурда болгон кубулушка абдыраган абалда калды. Эс-мас болгон неме эртеси ансыз дагы кыймылсыз денеси ооруксунуп калганын, катуу чарчаганын сезди. Тээп чыкчудай лакылдаган жүрөгү демиктирип, кансөөлү кеткен эрди кеберсип, башы чарт жарылчудай сынып, кыйналып атты. Көзү ымыр-чымыр. Энеси чыйпылыктап от менен жалын болуп 
турган чекесин басып көрүп дары ичирди.

Күн жалган түш. Таргыл мышык жыла басып үйгө кирип, адатындай салмагын сала кыздын бутунун үстүнө жатты. Чайнектин сынганын ичинен жамандыкка жоруп, санаа чеккен энеси анын эмнеден сынганына айраң-таңдана өз тирилиги менен тышта. Эшик кыңырт ачылып алиги адам келди. Мештин түбүндөгү сынган чайнекти көрүп, кызды жалт карады. Көздөрү чагылыша түштү. Ал кызга жакындап келип, анын бетин акырын сылады дагы жууркандын жээгин секин кайрып кыздын кунарсыз шалпайган эмчегин олдоксон мыткып-мыткып алды. Териге жабышкан бир үзүм үрптү бир топко кызыккандай кармалап туруп жууркан ичине колун сойлотуп, эти шылынып оркоюп сөөгү калган кыздын муздак санын жылма сылап өттү. Аңгыча эшиктен адам дабышы угулганда, ал артка серпилип тигиндейрээк жерге билмексен боло отура калды. Сыркоо мындай кылыктын кордоо же жагымдуу сезимден ырайым саноо экенин ажырата албай аны теше тиктеди. Yйгө кирген энеси менен амандашкан соң, ал кыздын ахывалын, чайнектин эмнеден сынганын сурамжылады. Энеси түндө кызы кыйналып чыкканын жана чайнек өзү эле сынып калганын сыр кылганда тигил эч күймөлбөстөн үч күндөн кийин никени жандыруу жөнүндө сөз козгоду. Чапма нике ага жакпаптыр. Ийнинде отурган эки периште каршылык кылган имиш. Ойго алдырган эне унчукпады. Арадан күндөр өтүп жан дили ийбеген, шыбагасы ченелүү насия никеден башы азат болгон Айтободогу ички өзгөрүү улам жаңы толкун алып аягы түрүлүп келатканын эч ким сезбеди. Ой менен күрөш башталды. Тирүү жандын өз ырыскысы бар деп эл бекер айтпайт, ал ар жанга энчиленүү. Будуң-чаң түшүп насия никеге чыгыштык кылган нурлардын дайыны жок болгон соң, жан ыкласынан келген кыялдуу, кумардуу от тамызып ойдо жок жерден дээриндеги бир нерсе ойгонгонсуду. Оо, көптөн бери көңүлү сууп, аша кечип салган турмуш куруу жөнүндөгү мүмкүнчүлүк көңүлдөн дем, көкүрөктөн күчтү пайда кылып, аны терең ойго термеди...

Сампарлап келген сансыз ой акылга миң калчанып, миң өкчөлөт. Адам түшкүрүң кызык тура, бок-жинге аралашып жарым жан жатып кумарланууга батынып ой кеткенин карасаң. Ар күндүн оту жаны сымал, ой менен кыймыл кылуу дагы ага насип этилгендир. Жүзүндө кан сөөлү жоголуп ач арбак кейпинде канча жыл азап тартпады, кыбырап соккон асыл жүрөктөн алган демге көңүл чиркин демденди. Чырмаган ыплас оорудан арыла турган насип бешенесине жазылгандыр. Ага ар күн эртең менен тирилип келгендей сезилет. Аманат жанга көңүл кушу, арзуу, ден-соолук чоң олжо эмеспи. Жашоонун өтөлгөсү бир чымчым адам өмүрү, өмүр бою эңсегени — бир ууч бакыт. Адам табияты, дээринен ач көз болгону менен тагдырына багынып буйлаланган төө сымал мезгил коштойт. Кобур көпкө созулду. Баарына кылдат көз салып отур¬ган молдо ууру көз карашын агытып, кызга сугун арта берди. Сыягы анын ой көрөңгөсүндө калчанып турганын сезди окшойт: «эмени ойлонуп жатат болду экен» – деп ойлоду. Мээнетке түйшөлгөн эне ортодогу бул кыбыңдашууну элес ала бербеди. Кыйпычыктаган тигил оюндагысын кыз энесине кантип билдирерин билбей, ар нерсени жооткотуп толгонуп отурду. Акыры чымырканды:

— Өткөн иштен кийин оюмду байырлатып ойго салган бир иш болду апа. Сөздү түз баштаганым оң го. Агер ылайык көрсөңүз Айтобага мен нике байлайын, – деди үнүн басмырт чыгарып. Апа дегени олдоксон чыкса дагы оозго жарашты. Ортодо сөз саамга жалгашпай күтүүсүздүктөнбү эне ичип жаткан ысык чайын чоң ууртап алып, чакап курс-курс жөтөлдү. Эркек сөзүн улады:

— Карыпка каралашуу соопчулук деле иш эмеспи, кудай билет, менчелик башын байлап чыгынып чыга турган жоктур...

Капыс чыккан мындай чечим сунуштан нестейген кексе кемпир чеке жара кубанбаса дагы ичинен ыраазы болуп, бирок, алда немеден чочуган тейде бүрөшкөп дымып калды...

— Катының не дейт?

— Ага айтпай эле коёлу деп чечтим, сиз экөөбүздөн башка бул чапма никени ким билип жатты эле... Кыз башы ачылса болду да... Жети күндүк нике үчүн үй-бүлөгө бүлүк салганым жарабас.

Кээде жети күн эмес, өмүргө тете көз ирмем болоорун ким ойлоптур, эки ортодо бул сөздөрдү эшиткен бейтап чын көңүлүнөн Кудайдан тагдырына азат издеди. Жар табуу, жарга ээ болуу мүшкүл-бактысы анын көкүрөгүн ойготуп, ойлонтуп келсе дагы иштин мындай кескин чечилеерин эч күтпөгөн. Акыл калчалып сыпайкерчилик күтүлсө дагы кыз энеси дароо жооп берип ооз кубантпады. Тек гана каада сактап:

— Убактылуу азгырык болсо башы ачыла элек кыз баланын артында жаманатты кеп калбасын, ойлонолу. Бул ноокасынан сакаярына деле көзүм жетпейт, бала кургур эненин боор эти менен тең тура,.. – деп сөзүн бүтпөй көз кычыгына толуп калган ысык жашты жең учу менен сүртүп эреркегенден кемшеңдей түштү.

— Эки күбө, анан нике кыйуучу керек, – деди тигил кам көрө.

Үч адам бир пикирге ой толгошту. Көкүрөктө эмне жатса бир Кудрет билээр. Себепсиз эч нерсе болбогондой, өзөктөн чыккан көңүл кирин пейил тазартаар, адам абийири актыкка чакырар. Ошентсе дагы ар ким өз сарсанаасына жетеленүүдө. Адам абийирдин кулу боло алабы? Эне кечке жуук кызына акыл салды.

— Тигинин айткан сөзүн уктуң. Кызга жуучу түшүү илгертеден келаткан салт. Мен ушуну туура көрүп турам балам, ылайыгы келип турат, нике кайып кээде ушинтип айттырбай келет. Олда байкуш балам ай, сени түшүнбөйт деп турасыңбы, мен деле сени эл көргөндү көрсүн деп жатпаймынбы. Айла канча, тобокел кылып көрөлү.

Кыз эч белги бербей жалдырап жата берди. Бир ойго бекиген кемпир эртеңкиге тымызын камылга көрө баштады.

Күбө болчу жакшы санаалаштарына кеп салган күйөө балага алгач сөз катуу тийди.

— Ыя кокуй, жарым жан неменин эмнесине кызыктың?

— Муздак тылагын ысытайын дегенсиң го.

— Эки күн болсо дагы жыргалын көрөйүн деген да шумпай.

— Сийдикке чириген жамбашын сылайсыңбы ха-ха-ха...

— Баса, байбичең эмне дейт, же кулагы керең болсо эле укпайт деп ойлоп жатасыңбы? Бакма уулуң чыр чыгарып жүрбөсүн?

— Убал-сообун ойлоп иш кылсаң өзүң бил, андан көрө жети күнгө чамаң жетеби, хи-хи... Жетпесе бизди дагы чакыр ысуулап чыгалы... Алгач оюн-чыны аралаш шакаба чегишкен теңтуштары өздөрүнчө калганда бир топ уу-дуу болушту.

А бирок кыздын өзүнөн бөлөк эч кимиси ал бактылуу болууга укугу бар экенин элес алышпады. Бо түбүң түшкөн турмушта эмнеге кимдир бирөө чалчактап ашыкча көбүш керек да, бирөө азап чегип бактыдан кур калыш керек? Бакыт шыбагасы кимге кандай бөлүнгөн? Жаралгандан жандын баары тең болсо ал эмне үчүн бактысыз болууга мажбур? Никенин кандай түрү өкүм сүрсө дагы кыз турмушунан айрылуу аял затына мүшкүл иш эмес экенин ким аңдап ойлоп коюптур... Артта калган элдерде гана муну трагедия катары кабыл алышат. Бойго жетип суйсалып кумарлуу арзышкың келсе кыз болуунун эмне кажети бар? Жанды койбой лазатын жандыргысы келген жаш денеге кыз болуу кандай, кандай тозок... Бармак басым кабыкча бардык балакеттин башатыбы? Аны дайым тазалыктын, абийирдин башаты деп эсептеген көз караш өзгөрүлбөй келатса дагы, бойду кууп дүргүгөн ысык кандын муздашы макирөө деп эмнеге эсептешпейт? Дилиң туура келсе... Шордуу энөөлөр турмушту дагы беймаза кылышат. Көнүмүштөн карапайым калк оңой менен арыла албайт, а бирок, жан дүйнөнү аңтарылчу рух ээлеричи? Ооруулар бактылуу болууга жөндөмсүзбү? Албетте, адамдын көйрөң көңүлүн, көөнүң түшүнсө болот, ошон үчүн алар чанышат, кемсинтишет, аяшат. А бирок, өтө аяй берүү билип туруп оорутууга тете экенин эч кимиси билгиси келбейт. Алар дагы турмуш үчүн күрөшүп, бактылуу болууга аракеттенишсин деп эмнеге ойлобойбуз? Бакыт деген эмне? Аргасыз нике элеби? Никесиз жашоо трагедиябы? А мүмкүн никесиздиктен бактылуу болуп ыкластан жүрөк өрттөнсөчү? Баарынан чоң кепил — арзышуу эмеспи. Оо, түбүң түшкөн дүйнө, минтип ким ойлойт?

Жуунуп чайынган денесине жаңы кийим-кечек кийгизилип, отуз жыл тирелип сандык үстүндө жыйылып турган жаңы жууркандан салынып, жакшылыкка ыроолонгон каада башталды. Тымпыйып отуруп бүткөн нике кыйу расмиси өз парзын аткарды. Келгендер тарады. Эне а түнү айыл ортосундагы улгайган жесир кайын сиңдисиникине каадалуу барып конду.

Түн. Эркек алеп-жалеп болгон нике напсисин тыя албай бүлбүл чырак шартында бел кырчоосун шаша чечип эртеден бери бир калыпта жаткан колуктусунун төшөгүн ачты. «Бышкан жемиш шагында турбайт» болуп, бышкан аштын ээси тагдыр буюрса табыла берет экен го. Арбашкан немедей жалооруй тиктешкенден кийин кыздын эки колунан бери тартып өйдөлөттү дагы артына кош катар жаздык жөлөдү. Кыз отурган сымал. Колунун сырты ме¬нен кыздын бетин сылады. Ал ок жечү кайберендей бакырайып, сезими кымгууттана жалдырагандан башкага жарабады.

— Коркпо, бул аруу дүйнө... Кантет, жубайын дагы ушинтип суз тосуп алат бекен? – деди эркелете.

Анан кыздын чочуудан тикилдеп катуу соккон жүрөгүн тыңшачудай анын сүлдөрү калган денесин өзүнө тартып, а шалбыраган муздак эмчегинин үрпүн этият ушалады. Бир колу сан ылдый жойлоп... Анын олдоксон мамилесинен кыз боюн жыйырды. Сөөгү эле калган анын жансыз ичке буттарын талтайта сундуруп жоошуткусу келдиби, бакырайган кунарсыз көздөрүнөн өптү. Каны удургуп кумарданган дүрбөл сезимин канчалык тыйып, боло турган ишине ылайыктагысы келсе дагы чыңалган эркектик эңсөөсү күчөп, дембе-дем өпкүлөп баса жыгылды... Жалынып-жалбарып аймалаган ысык эрин, чап жармашкан күчтүү кучак экинчи жактан болбогондуктан кыйналып, кыңкыстаган жагымсыз үнгө күшүлдөө кошулуп бурул бөлмөнү терметип турду. «Кагылган казыктан» не кыйналганы, не арманда турганы, не үн алышып турганы белгисиз болгону менен кыз дүйнөсү дүрбөлөң түшүп, ишенип ишенбей канатын кагып учууга далбастаган алсыз балапандай күүгө дарамети келбегенге көкүрөгү ачуу ызага буулукту. Кантсе дагы терге аралашып коңурсуган эркек жыты, ысык денесинин жылуусу, деми кызга өтүп эркек ушундай турбайбы деген жоошутуу сезимге келтирди. Шалбыраган эмчегинин үрпүнөн анын бүлкүлдөтө ысык тил менен соргону кыздын денесин чымыратып, бир эсе көөлгүткөнүнөн эрин сыга кучактагысы, ага жалбаргысы келди, канчалык аракеттенсе дагы колун көтөрүүгө шайы келбеди, балакет баскан баягы кудретсиздик аны каптап, түбөлүк энчисинен бетер басып алыптыр. Дене бойду аралаган эркектин олдоксон колу аны чачынан сылап көздөрүнөн жумшак өпкүлөдү. Көтөрүүгө күчү жок кыз демигип, демейдегиден башкача жүрөгү түрсүл кагып жарылып кетчүдөй лакылдайт... Шырт эткен дабыштан эмнегедир көзүн ачып жиберди. Там бурчунда бармактай ачык көгүш нур ойдолоп ары-бери жылып турган экен. Кыз коркуп кетти. Көзүн жума салды. Эркектик кумар аялдын ысык кучактын айкалышуусун күсөсө дагы үстөмөндөп, жаналакетте жалгыз калып, кыздын көңүлүн ушу тапта ойдологон көгүш нур ээлеп турганын сезбеди. Көгүш нур ылдыйлап келип үстөмөндөп жаткан эринин так желкеси ченге токтоду. Шалдайган эркек кырынан суй жыгылды. Жагымсыз ооруксунууну сезген аялзаты эрине көз жиберди, ал бир колу менен анын эмчегин апчып, бир бутун анын чаткаягына арта салып, алигиче деми басылбай бышылдап өзүн карап жатыптыр. Көгүш нур удургуп кыздын үстүнө келип конду. Анын денеси кескин жылуулукту ашкере сезип жатты...

Айтоба кыйналганынан көзү илинбеди. Үйдө чоочун коңурук. Бир караса, көгүлжүм нур бир аз өзгөрүлгөндөй көкүрөгүндө балкып күйүп турган экен. Нике жүргөндөрдүн ортосундагы тымызын «чыр» эртеси чыкты. Ичинен тыңгандай эри аялын теше тиктеп, эмнегедир күйгүлтүктөнө берди. Бул нике белгинин билинбей калышынан болду. Бир топ жыл өлүк тейде жаткан андагы белгиге жан бүтмөк беле? Ал ушундан жаңылды. «Муңду сезбеген жүрөк муз болот» болуп, бул түнөрүңкү маанайдын төркүнү эмнеде экенин төшөк ооштурган кексе кемпир кадик түшүндү. Алгач жолу эркекке жалгашкан кыз актыгын далилдөөгө жада калса, кор оору каскак болгонуна катуу сынды. Денесиндеги толуп ташкан күч соолуп, кан айланбай кургап, акырындап кесел бүтүн денени чала өлүккө айландырып көөмп баратканын, кургаган денеден күткөн нерсе чыкпасын салттан чыга албаган энөө эркек кайдан түшүнсүн. Жаны жыргаганын эске албай, кайгы басканы бир тамчы макирөө кандын түшпөй калышы... Оо, шордуу зайыпааналар, бакыттын баары ошондо турушкансыган... Эри ичкени ирим, жегени желим болуп, күдүк санаа басып отурганда «билбегенден, туура түшүнбөгөн жаман» болуп энеси өзүнчө күнөөлүүдөн бетер аралашкандан заарканып турганын карасаң. Алар ушинтип куру санаа менен алпурушуп жатканда — аруу дүйнөдөн баланын үйүнө мурас белги түшүп, эненин керемет дүйнөсүнүн кеңсесин ачып ага үмүт тартуулаганын эч кимиси билишкен жок...

1995-жыл, 23-февраль

 

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Сыдыкова К.С., 1995. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 6049