Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сыдыкова К.С., 1997. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30 апрели

Кален Султангазиевна СЫДЫКОВА

Ит турмуш

Аңгеме

Бүлөөсү бузулуп, өзү ичкиликке берилген эркектин адам кейпинен кеткени, нравалык жагынан кризиске учураган адамдын тагдыры жөнүндө

Сыдыкова Кален. Күч күйөө: Көркөм публицистика. – Б.: «Бийиктик», 2003. – 148 б. китебинен алынды

ББК 84 Ки 7
    С – 95
    ISBN 9967-21-509-7
    С – 4702300400-03

 

Ал кечке темтеңдеп, жөө жүрүп суй жыгылган эле. Ичинен «башынан жолу болбогон кишинин жолу болбойт окшойт» деп өзүнчө кейип алдыдагы автобуска шылкыйа көчүк басты. Үйүнүн эшигинин алдына келип тамеки тартып отурду. Аны көрүп өтүп бараткан таанышы:

— Эмне жаңылык? – деп калды.

— Эмненинин жаңылыгы, кечке бит таппай убара болдум.

— Бит?

— Ооба.

— Хе-хе, битти эмне союп жейсиңби, эл биттен арыла албай атса сен бит издеп?

— Ошо арыла албай аткан биттер кайда?

— Базарга барсаң эле сатып аласың

— Бит базар барбы?

— Ой, жанагы цыган катындар сатат болуш керек, аны эмне кыласың?

— Бала сарык болуптур, табыптар бит жесин деген экен.

— Кудай урбадыбы, догдурга эле барбайбы, сарыкка догдур миңдин бири эмеспи. Дарыласа эле айыгып кетет. Сарык деген инфекция, а инфекцияны бит өлтүрө албайт. Бит жесин деген болбогон кеп.

— Кара сарык экен, өтүштүрүп жиберсе керек. Догдур жазып берген дарынын баарын алганга акча кана...

— Эл жаман жашап атат, биттеп-кумдап кетти деп жазып жатышчу эле жанагы жазмакерлер, караштыр, табылып калгысы бардыр. Табылбагандай ал эмне мүрөктүн суусу беле.

— Көчөдө бит сурап жүргөндөн дагы уялат экен киши.

«Сенин бала-бакыраңдан чыкпайбы» деп оозу батып сурай албады, «мага бит кайтартып койдуң беле» деп куру намысчыл неме жыга чабабы деп бир чети тартынды. Кантсе дагы аял эмеспи, жайымды айтсам эбин табаар деп кошунасы Сайнаканга кирди.

— Кел, – деди ал көңүлсүз.

— Келдим, бир жардам береби деп, – дегенде эле жедеп көрүнгөн карыз сурай берип көңүлүнө көк таштай тийгенби же бербесин ачык билдиргиси келдиби, анын келгенинин жөнүн аңдабай эле:

— Акчам болсо буюрубасын, жок. Өзүм тишимдин кирин соруп отурам. Мен бир акча заводдон бетер жанды коюшпайт, – деп балп эттире салды. Акча сурап келбесе дагы андан акча үзүлбөсүн эркек билчү. Жөн бере бергенди туура көрбөй, пейлинен кетип сүткорлоно жалаң процентке берип калганын кошуналардан уккан. Бирок, өзү эзели тыйын сурап кирген эмес.

— Бит таап бер.

— Бит? Эмне бит? – деди жубан таңгала.

— Кадимки эле адамда жашачу бит. Керек болуп жатат.

— Шумдугуң кургур, бул эмне дегениң? Менде бит бар деп сага ким айтты? – деп ачуулангандан таноосу кыпчыла түштү.

— Эч ким айткан жок. Аял эмеспи, сураштырып таап береби деп келдим. Балам сарык болуп ооруп атыптыр, ошого жуткуруш керек экен, – деди эркек оңдуу түшүндүрүп.

— Бая эле ошентпейсиңби анан, бүдөмүктөтпөй. Тирүүлөй кумурска жеген африкалыктарды телевизордон көргөм, бирок, бит жеген кыргызды укпапмын.

— Укканда эмне кошо бит жейт белең өзүң миллионер болуп туруп, – эркек олдоксон тамашаламыш этти.

— Ой, анда майыптар үйүнөн сураштырып көрбөйсүңбү, тамак жок ачка, шарт жок биттеп жатышат деп «Тагдырданбы» же кайсы бир передачадан көрсөткөнүн көргөм.

— Биттин өзүн көрсөттүбү?

— Жок, биттеп атышат деген, – деди аял тактап

— Журналисттер калпты-чынды койгулаштырып жаза бербейби...

— Башка бир чоң нерсе сурасаң бир жөн, анан бирөөдөн бит сурап барсаң бити куюлуп турса дагы ызаланып бир чабаар. Ал үчүн «дарылыкка керек болуп жатат» деп астановкаларга же подъездерге кулактандыруу илип койсоң өздөрүнүкү болсо дагы таап келдик деп алып келиши мүмкүн. «Чын эле» деди эркек көңүлүндө.

Эркек түнү бою түйшөлүп, чиркей чактыбы эти да кычышып тырманып, күрсүлдөп жөтөлүп уктабай чыкты. Арактын азабынан аялы менен ажырашып, там талашып бүлөсүн үйүнөн кууп жибергенине корстон болуп, көптөн бери арактан башы көтөрүлбөй жалгыз жашачу. Өз шаарын өзү бузуп ажырашкан менен уучу узарып жыргап деле кеткен жок, суусу мурдуна жеткенде баягы адатын карматып бир азга таштаган «өлүп кетсем да ичпейм» деген арагын тамагын кургатпай кайра ичти. Айласыз, дендароо, максатсыз күндөр өтүп жаткан. Турмушуң эшек араба тура, кээде-кээде ушундан үмүт этип ырысы жок ырсайган ичкиликке берилип калган катындар төшөктөш болуш үчүн келип калчу. Кээде өзү, кээде тигилер издеп дегендей... Кара карандаш менен балтайта «Акчасына бит сатып алам» деп, дарегин жазып ар кайсы жерге илип жүрдү. Ага дагы ишенбей, кошунасынын айтуусу боюнча таң атпай базарга барды. Кудая тобо, базарды баягы бейпилчилик убактай цыган аялдар топтошуп ээлебей шөмтүрөгөн, төлгө ачкан, карта ачкан, ысырыктаган, «меникин ал, ысык» деп бура бастырбаган кыргыздын катын калачы, кызкыркыны, эркетаналары ээлешиптир. Кыргыз кудай суроочуларынан орун тийбегенден кийин цыгандар чыга беришкен өңдөнөт. Бир чети алардын ордун тентип качып бозгондор ээлептир. Айласы кете түшкөн неме, эми намыстанбай эле эски ынагын көргөнсүп эски-уску сатып отурган кемпирден жапылдай сурады:

— Битти кантип тапсам болот эне?

— Тирүүбү же өлүкпү?

— Тирүү, бузук кан соро турганы керек.

— Бекер аласыңбы? Андан бузук кан соросуңбу деп кантип сурайбыз? – кемпир кызыга сурады.

— Жок, акчасын берем.

— Бир битке канча бересиң?

— А бир бит өзү канча турат?

— Зарылдыгына жараша да, өтө зарыл болсо бир бит эки сомдон беш сомго чейин, а мүмкүн, элүү сом болушу ыктымал, так билбейм.

— Өтө кымбат го.

— Өтө кымбат болсо анда эмне салбырап таң атпай издеп жүрөсүң? Тур мындай, эч нерсе албагандан кийин соодама жолтоо болбой, деп кемпир нааразылана кетти.

— Мейли канча сом болсо да бериңиз, алайын, – деди эркек жалтактай.

— Эми менин башымды ким карап берет, кел, уялбасаң башымды өзүң карап, болсо таап ал, – кемпир өңү өчкөн эски кир жоолугунун учун чечти.

— Коюңузчу, уят эмеспи, ушерден кантип бит карасын эркек киши. Андан көрө үйүңүздөн карап ала келиңиз, эртең мен келем, – деп шыр кетти. Кетип баратып ойлоду: «кимдир бирөө биттеп-кумдап, сыгып өлтүрүп кутула албай тырманып убара». «Бирөө кечеерге кечүү таппай жүрсө, бирөө ичеерге суу таппай жүрөт» деген бекер эмес окшойт.

Үйүнүн жанындагы аялдамага келип түшүп бирөө анын кулактандыруусун тирмие окуп жатканынан сыр билгизбей жанаша калса, тигил: «псих неме го» деп сөгүнүп-сагынып басып кеткенин көрүп шабайы сууй түштү. Жолдон бит сурап жүрүп чарчаган неме кечке бир кап туз көтөрүп жүрүп чарчагансып келип сулк жыгылды, дарманы жок. Ойлосо кечке өзөк жалгабаптыр. Кыңкая жатып көзү илинип кеткен экен, эшик такылдаганынан чочуп ойгонсо түн кирип калыптыр.

— Ким? – деди беймаал келгенди жактырбай.

— Мен, – тааныш үн. Эшик кыйч ачылып, андан адаттагыдай орто жашаган кызуу аялдын ыржайган жүзү көрүндү.

— Кандай молодой? – деди ырсайып колун чөнтөгүнө матырган дейде.

— Кир, – эркек көңүлсүз оолак боло берди.

— Кечке кайда жүрдүң жана эки-үч жолу келсем жоксуң. Чай койчу, өзөк жалгай турган эмнең бар?

— Иш издедим, – эркек шак эле калпты ышкыртты.

— Ит тумшугу жылыгыдайбы анан...

— Андай күн кайда. Кул базарга барсаң да эч ким жалдабай калбадыбы. Тамак-ашка акча жок, шкаф жылан тазалагандай күкүм нан жок.

— Кантип эле, закускеге каткан наның да жокпу? Аял ажайып бир дүйнө ачкансып, колтугундагы киргилт тарткан жарым бөтөлкөнү алып чыгып кылк этип кумарлана бир жутту да эркектерчесинен дем тартпай шалтактаган кир жеңин жыттады.

— Ме, ич, – деп калганын сунду. Эркектин битке деп сарымайдай каткан бырышкан беш сому бар болчу. Аны чыгаргысы келген жок. Үшкүрүп алып бөтөлкөнүн калганын шыпкай колкулдата жутуп жиберип, бош бөтөлкөнү томолотуп таштады.

— Кичине жыргай түштүңдүбү кубаттанып, – ургаачы ыржаңдай күлүп эркектин умасын уучтады. Апсайган чачын уйпалаган эркек бир топко ырахаттуу термелип туруп:

— Чечинчи, – деди катынды. Аял чечинип, шалтактап капкара болгон шейшепсиз сасык жуурканга кулк этип кирип кетти. Ач курсакка барган арак ичин ысытып магдыратып бараткан. Ал кирдеген майка турсисин чечип тарбалаңдап жарыкты өчүргөнү баратканда аял:

— Өчүрбө, күйүп эле турсун. Тиягың тикчейип шумдук копконго ыя, сагынышып да калдык, бир жыргайлы, – деди ырсактап.

— Ой энеңди... сен эмне сагынышкандай кыз же өз катыным белең. Андан көрө кычышып өлүп атам дебейсиңби...

— Сен эмне өлүп аткан жоксуңбу, слушай дурак, кетем анда. Эркек одоно кетип калганын түшүнө коюп жагалдана:

— Тамашаны да көтөрө албайсыңбы, сен мага Айчүрөктөй элесиң, – деди мылжыйып. Арактан акылы талып боюн алдырып турган кайран катын бир чоң жеңишке жетишкенсип:

— Ии ошентсең, дагы эле мен сага күйөм, сени эмне таштап кеткен катының сагынып турупбу, – деп таркылдады. Кыйч-куйч эттирип эркек эскилиги жеткен темир кроватка чыкканда ары-бери которулганда жедеп кыйчылдай берип жинине тийип бүткөнбү же кеткен катыны жөнүндө бул салп этек катындын айтканы жакпай калдыбы:

— Эк энеңди... ушунун кыйчылдаганы өттү деп сөгүнүп-сагынып кроваттан күчүн чыгарып алды.

— Керебетти эмес мени кыйчылдатпайсыңбы... үйдү жаңырта күлдү катын. Эркек ургаачынын киндигине чейин салбыраган көрксүз сулп эмчегин олдоксон ушалап үрпүнөн сорду. Аласына жан жерин такап өзүнүкүн козутуш үчүн далбастап ыйкай баштаганда, дырдай жылаңач катын өлүп талып чап кучактап жан жерине жабышты. Эркек ачкарын бир аз сеп эткенгеби жарыктан пайдаланып эмнегедир тигинин алаасын көргүсү келди.

— Чалкаңдан жатчы, бучугуңду көрөйүн.

— Бучукка чучук керек да, көргөнүңдүн эмне кереги бар. Тоо токойу менен көлкүп жатса керек.

— Ыя, де, – анын самсалаган узун жүнүн сылап, суулана түшкөн жырыгына колун тийгизип:

— Шордуу эркектер үңүрөйтүп ушунун эмнесине кызыгат?, – деди орой.

— Оо, моло десе, тим эле эзели катын көрбөгөнсүйсүң да. Жыргалдын баары ошол чурайда эмеспи. Калбагай оозунун астында катылуу сыры бар. Кыл жылдырбай кылдырган кыны бар. Ээ ботом эми көт көрбөгөнсүбөй чыкпайсыңбы үстүмө.

Эркек мурдун курт жеп аткансып тырталаңдап туруп барып тамеки күйгүзүп келди. Оозундагы тамекисин бир көзүн жүлжүйтө кана соруп атып, тастаратадай тарсайып жаткан катындын көт жүнүн ак аралап калганын байкады. Ичинен: «чурай жүнү дагы агарабы» деп таң калганча тытышкан жүнгө жайма-жай кирип кеткен колтойгон кара битти көрүп жийиркене түштү. Дүүлүгүп калган берки тигинин чыңалып чыккан кайбарын насостой уучтап «жасачы» деп жалбара шыбырады. Дили кылт дей түшкөн эркектана, бит кирип кеткен тылак жүнүн акырын ачып бүлкүлдөп кыбырап жүргөн биттерди, жүнгө ширелген суу мончок сиркелерди көрүп көңүлү жипкириди. Тамекисин өчүрбөй, тартып бүтпөй ыргытып, супсуну сууй чалкасынан кеткен эркектин эмне болгонун анча түшүнбөй дүүлүккөн катын, анын шалбырай түшкөн куусуна нааразы боло өзүнүн чурай жүнүн катырата тырмап:

— Эмне мени чанып катының эсиңе түшүп атабы. Көтүң жатып калбадыбы, батыраак бол десе болбойсуң, – деп аныкын ушалаганга өттү. Ындыны өчкөн эркек тигинин колун олдоксон түртүп:

— Жөн турчу, албарстыдай асылбай, – деп кагып салды. Аял аны тамашалап жатат деп ойлодубу же кызуу неме анын көнүмүш корс мамилесине анча маани бербедиби, кайра калжактап эркекти алаканы менен жамбашка тарсылдата чапкылап ойногонго өтүп:

— Көтөшү-пөтөшү, жалпактабай-салпактабай айкүр бол, меникине аңги бол, ажайып акышың жаныңда... деп бакылдай эркекти копол кучактап өзүнө өлүп-талып тарткылады.

Таманы ысып, эртеден бери бит издеген эркек таба албай убара болгон битин көргөндө эмнеге мынча жийиркене солуп калганын өзү түшүнгөн жок. Оюна «энеңди урайын, ар кимдин ыплас көтүндө жүргөн битти балам оозуна салабы? Ушундай саңырсыган көттөн, колоңсосу коңурсуган колтуктан, какачы куюлган кир баштан терип келип сатышат да ал биттерди» деп алгач ойлонуп алып өзүнчө бушайман чегип, күйгүлүктөнө берди. Андан улам кыжыры кайнап, сиркеси суу көтөрбөй чыкты. Эчак өлгөн чычкандай, салбырап шалпайып жатып калган эркек аспабынын жанын койбой эзгилеп, ушалап аткан талп этектин колун дагы катуу кагып жиберип, ордунан туруп кетти да:

— Эй, бит көт, бар үйүңө, кет! – деп бурк этти. Кумары ашынган мас катын, ыржалактап ырахаттана аны энеден туума кууп:

— Көтөшү-пөтөшү, эптеп тургузчу эми, – деп чапкенедей жабышканын көрүп, копол эркек аны эсин эңгирете шатырата сөгүп жиберди.

— Энеңди... канчык, эй жалап, жогол көзүмө көрүнбөй, андай кычышып өлүп атсаң эшикке чыгып эшекке бер аныңды, ме кийимиңди, – анын кийимин көтөрүп келип ыргытып жиберди.

— Муногу жинди го эй, мен сага эмне кылдым. Өзүң чечин дебедиң беле, ушундай да келесоо болобу. Эмеле көтүмдү өөп атпадың беле:

— Чык, чыгып кеткин үйдөн, а то мууздап салам азыр. Аман-сооңдо чыгып кет, экинчи жолобо үйгө! Өңү же түшү экенини анча ажырата албаган саал кызуурак ойношу көзү ачыла түштүбү, жини келип ардана:

— Ой, өлүгүңдү көрөйүн, сволуч алкаш десе, эми чанып калдыңбы? «Өлүп баратам алтыным» деп жанымды койбой сүйрөп келип көтөрүп чапчу эмес белең, өзүң жабышып. Эми каада күтүп калдыңбы? Эмне эле чык эле чык дейсиң? Же мен сага спид жугуздумбу? Мына сага! – катын эркекти бет талаштыра берип калды. Байкоосуз муш жеп мурдунан дирт этип кан атып кеткен эркек катынды кыжыры менен чачтан мыжыгып өзөртө тээп калды. Экөө дырдай жылаңач кызыл жаян болуп айкыра мушташып атып эси оогондо соолуга түшкөн аял кийимин алып жолуна түштү. Көзү көгала, оозу калбыйган эркек муздак сууга бетин жууп, кыйчылдаган керебетине келип тамеки түтөтүп отуруп керебетинин башында аңтарасынан илинген кир майкасынын тигишинен колтойгон бит каалгый кетип баратканын көрүп көзү чакчая түштү. Жини менен өчөшө тамекинин отун битке басты. Абай сала тигишти караса жыш мөлтүлдөгөн, исиркектенген сирке басыптыр. Ордунан атып туруп жуурканды жарыкка жакын сүйрөп келип үңүлсө, төшөктөн да жыбыраган бит чыкты. Оюна бир нерсе кылт этип, өзүнүн ума жүнүн караса анда дагы ач күсөндөй кунарсыз биттер бар экенини көрүп, шилекейин жуткандан жийиркене салбырап отуруп калды. Эл «битке өчөшүп көйнөгүңдү өрттөбө» деп бекер айтпаса керек, бирок, аны ким чындап ойлонуп коюптур. Эркектана өзүнүн ит турмушунан жыйынтык чыгарбай, бир айласы арактан бетер баарына кол шилтеп салып эшиктеги арак саткан кыргыз чалды көздөй бет алды...

Эртеси көзүн ачса көчөдө кусундунун үстүндө жатыптыр. Бир жак капталы, башы сынып ооруп, каны катып суусап калыптыр. Арыктан шалпып суу ичти, муздак сууга бетин чайыды. Көгөргөн көзү тоодой шишип, калбыйган оозу кымтууга келбей канжалайт. Сыпаласа огожо кылган кечээки бырышкан беш сомунан дайын жок. Баса, аны кечээ аракка бербеди беле. Темтеңдеп үйүнө келсе бөтөлкөлөштөрү чычкан мурдун канатып үшүгөн жарты пиязды мурунга жыттап, стакан кагыштырып отурушуптур. Арасында ырысы жок төшөктөшү да бар экен. Эч нерсе болбогонсуп, кыйбас кишисиндей ага жарым стакан сунду. Ал тартынбай алып жиберди, ушуну көксөп турган.

— Бит таптыңбы, – деди стакандаш эркеги. Берки унчуккан жок. Беркилер жырып кетти.

— Эмне бит?

— Жегенге

— Койчу, ким жейт? Закускегеби?

— Сыркоого жуткурушат.

— Ой мен эле ычкыр кашатымды карап таап берем азыр.

— Бул акчага таппай жүрбөйбү

— Акчагабы?

— Ооба

— Канча сом экен? – деди какылдап сурап атканы.

— Атаңдын башынча, сенин битиңдин кимге кереги бар – деди берки жини келип.

— Өзүң сурап жүргөн турбайсыңбы же сага импорт бит керекпи?

— Эми издебей калдым, кереги жок. Аял тигини оолжуй карап койду. Ыргалып араң тургандыктан аял өзүнчө сөгүнүп сагынып отурган ордунда шылкыйып уктап кетти. Беркилер улам карызга арак иче берип ылжып калышты. Анан калжакташып бирде мушташып, сөгүнүшүп, ар кай жерге томолошту. «Көңүлү жок катындын көт бергени курусун» дегендей, акылын арак басып, абийирден кеткен мээси тумандаган катындын үстүндө берки мас оюна келгенин кылып кечээки өзү жийиркенген бит жүргөн жерлерин өлүп-талып өөп атып коңурук тартып коркурап уктап кетти. Көрсө алкымынан бузулгандар эч нерсенин баркын билбей, жашоо маңызына үңүлбөй «ушинтип жашоонун кереги эмне?» дебестен өмүрдү булгап, иритип-чиритип ит турмуш улана берет тура...

1997-жыл, 24-сентябрь

 

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Сыдыкова К.С., 1997. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 7874