Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сыдыкова К.С., 2002. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 28 марты

Кален Султангазиевна СЫДЫКОВА

Упчу

Эне болуу бактысына ээ болгон аялдын балалыктагы бөбөктөрүнө баш көз болгон учуру, дүйнө таанымы жөнүндө

Сыдыкова Кален. Эр издөө: Аңгемелер. Көркөм публицистика. – Б.: «Бийиктик», 2002. – 127 б. китебинен алынды
    ББК 84 Ки 7
    С – 95
    ISBN 9967-21-508-9
    С – 4702300400-03

 

Бир жолу көңүлүм кудайды карабай катуу ооруду. Ыйыгым тепселип бозала боло түшкөнүм такыр эсимден кетпейт. Себеби, апа бар үчүн дүйнө бар, дүйнө түгөл, ал-аскар зоо деп эсептечүмүн. Иш мындай болду: Кыштын кыраан чилдесинде менин туулган күнүм болчу. Сүт тарткан машина бипилдетип өткөндүктөн апамдын чайына сүт алып келе коёунчу деп, таң эрте банка көтөрүп сүт алып келаткам. Жолдо бир упчу жатат. Кыясы, бирөө баласын көтөрүп баратканда оозундагы упчусу түшүп калган көрүнөт. Бул дагы бир ымыркайдын сүйгүнчүк эмчеги болгондуктан көңүлүмө жакын, көзүмө ысык көрүндү. “А-ау-лап” абаны чапчып келатканда “түшүп калган го” деп ойлоп үлгүргүчө артымдан келаткан очойгон эркек киши мени жандай өтүп баягы упчуну былчыйта тепсеп кетсе болобу. Сыягы, эне колунда эркелеп өскөндүктөнбү же апам жокто упчу берип бөбөктөрүмдү көтөрүп чоңойткондуктанбы же өзүм эне болгондуктанбы, менде эненин ыйык эмчегин алмаштырган упчу жөнүндө кастарлуу сезим, таза мамиле көкүрөгүмдө сакталып калса керек, тигинин басып кеткенине көңүлүм ооруп калды. Тигинин кеңкелестигине ичимден жийиркенип, ачууландым. Упчу баланын оозунан түшүп кетсе “оосул болбосун” деп сууга чайып же чоң кишилер оозуна салып тазалап туруп, сарымай салгансып баланын оозуна ичи элжиреп, сүйгүнчүк менен салт эмеспи. Ушу ыйыктыкты, тазалыкты тиги киши кир дүйнөсү, ыплас буту менен басып кеткени менин көңүлүмдү ушунча катуу оорутат деп өзүм деле ойлобоптурмун. Кыя өтө албай ооруган көңүлүм менен, акырын эңкейип этиет упчуну алсам, көп эмилгенби эскиреек экен. Көнүмүш боюнча, жерден кар уучтап алып колум менен тазалап туруп, жол жээгиндеги бактын чырпыгына илип койдум. Ошого жеңилдей түшкөнсүдүм. Көтөрүп келаткан аппак сүткө телмире карадым. Тигил эне сүтүн оосанбай көк жетим болуп балдар үйүндө чоңойгонбу же көкүрөгү мерезби?! Же байкабай калдыбы?! Ичимден сезген менен, упчуга болгон бул эмне деген ысык сезим экенини ушул убакка чейин билбейм...

2002-ж. 26-январь

 

Word форматында китепти көөчүрүү


© Сыдыкова К.С., 2002. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2090