Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Балдар адабияты / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Осмонкулов Ж.А., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 12-марты

Жапарали Адашканович ОСМОНКУЛОВ

Досчул бала

Балдар үчүн аңгемелер

Жаш жазуучунун бул жыйнагына жергиликтүү басма сөз аркылуу китепкөйлөргө кеңири белгилүү болгон аңгемелери топтолду. Ага балдарга арналган аңгемелери да кирди. Калемгердин көркөм адабиятка болгон мамилеси, ойчул табияты, сергек кабылдоосу аңгемелеринде ачык сезилип турат

Жапарали Осмонкулов. Күн кызарып батканда. – Б: 1993. – 160 б. китибинен алынды

ББК 84 Ки 7-4
    О-74
    4702300100

 

ЧЫЙЫРЧЫК

Май айынын соңку күндөрү. Айлана кызыл-ала гүлгө оронуп, кооз көрүнөт. Анан калса жер барган сайын кулпунуп, теребел текши көркүнө чыккан.Талаадагы жашыл майсан сыдырым желге толкуп жайкалса, береги ала чокулуу тоолорго ыкташкан адырлардан бетеге, шыбактын жыты келет. Тээ ылдый, ээ-жаа бербей бейжайланып агып жаткан Тар дайрасынын боюндагы чакан айыл дүпүйүп бактуу да, көзгө сүйкүм. Ушундай сонун табигаттын кооздугуна көз артып отуруп, карегим тээ турган жоон түп мырза теректерге кадалды. Бу чынар теректер биздин тамдын үстүндө болоор эле. Жалбырактары күн нуруна киринишкендей жанга жагымдуу шуудураса, тимеле жүрөгүң ырдап жиберчүүдөй дакылдайт.

Ооба, бу зор теректерге нечен жылдар бою кара чыйырчыктар мекендешип, көптөгөн темир канат балапандарды көккө учурушту го! Биз дайыма таң алды менен чыйырчыктын муукам үнүнө куштарлана кулак түрчүүбүз. Алар адамга бүтпөс касиети менен бизди сыйкырлап узакка сайрашчу да, бир оокумда шар канат кагып учуп кетээр эле.Ушундай сонун күндөрдө жоон топ дүйүм бактан түнөк тапкан канаттуулар тарапка башкасы мындай турсун, кабак бүркөп карачу эмеспиз. Мал -жандан аярлап, бат-бат көзөмөлдөп турчуубуз. Кыш чыгаары менен чыйырчыктын жыгач үйүн оңдоп-түздөө адатка айланган.

Тигине, алар үлп эткен желге ары-бери чайпалган балапандарга үйрүлүп түшүп, энелик мээримин төгүшүүдө. Алардын муукам үнүнө жүрөгүм дегдеп, кенже иним Маратты ойнотуп сыртка чыктым. Иним адатынча тентектене баштады. Жаны тынбай безеленген Маратты араң тыйып, андан обочороок барып отурдум. Канча убакыт өткөнүн билбейм, бир маалда аянычтуу чырылдаган чымчыктын үнүн угуп, илбериңки жетип бардым. Чынар түптүн алдында оозунан көбүк аралаш кан кетип, бырпырап чыйырчык жатат. Эңкейип ала койдум. Денеси дирилдеп, жарык дүйнөнү көз ирмегенчелик көрөйүн дегендей көзүн тез-тез ачып-жуумп, бутун керилте алдыга жүткүндү да, оозун чоң ачты. Жүрөгү дирт-дирт согуп, тулку бою титирегенде муунум бошоп кетти. Бир убакта жан берген окшойт, башы шылк эте түштү. Мен акырын бурулуп, ары жактан купкуу боло түшкөн Маратты карадым.

— Аке, аке! Мен мындай кылайын деген эмесмин. Чын айтам, чын айтам! — Ал мукактана колумдагы канаттууга боору ооругандай телмирди.

— Эх, акылсыз! Бу тентектигиң ... сени... элеби?!

Мен ага тап бере бут шилтедим. Ачуум менен колундагы тарбайган созмону жулуп алдым. Анын жашылданган көздөрү мени жалтангандай карады.

Аңгыча ашкана үй «кыйч» ачылып, апам табак көтөрүп тышка чыкты. «Баягы тентек дагы бирдеме кылган го?» — деп Мараттын сырын беш салаасындай билген апам жаныбызга келди. Мен колуму артыма жашырып, кетенчиктедим. Колум ысып, мык киргендей зырпылдады. Апам жаман шойкомду жүрөгү сезгендей акырын:

— Эмне болду? — деп кеп узатты.

Өзүмдү апамдын көз карашынан ала качып, чыйырчыкты көрсөтүүгө аргасыз көндүм. Чочуп кеткен апамын колунан табагы түшүп, суу жайнады.

— Алда кудай ургурлар ай! Убал болбойбу, убал... — Апам үн-сөзү жок, эриндери табышсыз кыбырап, терең улутунду. Жоолугунун астынан топ чачы бириндеп, жүзү жаш баланын таарынганындай сыяктанды. Салааларынан кареги жылтырап, ийиниме колун койду. Мени кучагына кысып, эреркий көзүн жумганда эки жаш тамчы сыгылып чыгып, жаагынан ылдый куюлду. Мен аны карап туруп, зээним кейиди. Ушу азыр кичинекей макулук апам үчүн эң эле ыйык, эң эле касиеттүү экенин дилимде сезип турдум.

— Апа, сиз ыйлап жатасызбы? Чын эле ыйлап жатасыз го?..

Мен көз жашын сүртүүгө умтулдум эле, бирок, ал колумду акырын түртүп койду.

— Ээ балам, сен эчтемеге түшүнбөйсүң да. Байкуштун сары ооз балапандары не болот? Алардын шору кайнады го! Энеге бала кандай керек болсо, балага эне ошондой керек.

Мен унчуга албадым. Апам көз жашын жоолугунун учу менен аарчыды. Ушу тапта короодон чыккан шыбытка кулак төшөдүм. Апам менен Марат да алда нерсени туюшкандай баштарын көтөрүштү. Бир жагынан желге ыргалып чыйпылдашкан балапандар зээниңди кейитсе, бир жагынан Ооган согушунан зарыга күткөн агам жыгач бутун жерге тык-тык уруп жаныбызга келгенде денем дуулдай түштү. Апам демин ичине тартып, иштин жайын түшүндүргөнчө, мен чыйырчыкты көрсөттүм. Агамдын бетин кан тээп, кызуулана сүйлөдү.

— Жок! Жоо-о-ок! Мындай болушу мүмкүн эмес. Алардын деле жашайын деген үмүтү, көрөйүн деген күнү бар макулук эмеспи?!

Башка сөз чыкпады. Муундары титиреп кетти. Башын мыкчыды. Мага апам менен агамдын акыбалы оор тийди. Колумдагы чыйырчыктын таштай каткан буттары, боппоз тумшугу көзүмө көрүнүп туруп алды. Мына, ал азыр эле эбелеңдеп көккө көтөрүлчүүдөй, учуп кетчүүдөй! Бирок, ага менин чоң алаканым тор болуп, чыга албоочуудай сезилет. Анын жансыз денеси бүткөн боюмду чымыратып, көкүрөгүмдү мыжыгып жатты.Ушуларды ойлоп, дарак башындагы чыйпылдашкан балапандарга жалынгым, кечирим сурагым келди.

— Муңданбагыла, асыл балапандарым! Биз ар дайым силер мененбиз! Силер көктө сызчу күндөр, айлар да келээр!

Ошо күндөн иним экөөбүз темир канат балапандарга канча ирет суу берип, тумшуктарына жем тосподук дейсиң. Эртели-кеч алардын жанынан кетпей, жакшы тилек менен ушулар да уча турган, сайрай турган күндөр келээр бекен деп чыдамсыздана күтүп келдик. ... Ошо биз күткөн күн да ойдогудай жетип келди.

— Бүгүн биз өзүбүз асыраган балапандарыбызды учурабыз! — деди апам. Марат экөөбүз аябай кубандык. Аракетибиз текке кетпегенине шүгүр.

— Эми бийиктеп учуп, эркиңерче сайрандагыла! Силер биздин ажырагыс досубузсуңар, жолуңар ачык, ар дайым шыдыр болсун! Учкула! Учкула! Уча бергиле! — деп ар бирин өз колубуз менен учурдук. Апам бизди бооруна кысып, үйдү айлана учкан канаттууларды көпкө чейин тигилип карап турду. Биз да алардын ойкуп-кайкып учканына маашырландык.

 

АЙДАРДЫН БӨЖӨГҮ

Аскасын ак мөңгү каптаган учтуу тоолор көзгө ажайып көрүнөт. Тоо боорунан сызылып чыккан тунук булак, аска-жылгаларда оргуштап, таштан-ташка урунат. Жайлоо көркү кандай сонун! Шиберлүү көкмөк бетегелүү беттери, шыбактары жыт аңкытат. Гүлдөрү көйкөлүп, алыстан буруксуйт. Анан калса, тээ агарып көрүнгөн Абдилаз чоң атанын ак чатыры, көк шиберде жайылган койлор Миңжылкы жайлоосунун көркүнө көрк кошуп, сулуу көрүнөт. А тиги чоң атанын жанындагы кой кайырган анын небереси Айдар.

Абдилаз чоң ата өткөн жумада кой жайып жүрүп, коёндун кичинекей бөжөгүн кармап алган. Өзүнөн да кулагы чоң, шалпаң кулак, көгүш тартып, оозунан эне сүтү кете элек кичинекей бөжөктүн көрүнүшү ушунчалык татына. Кичинекей бөжөк кичинекей Айдар үчүн күтүлбөгөн кубаныч болуп, баа жеткис белектей кабыл алды. Күндөн күнгө түйшүгү артып, эртели-кеч бөжөгү менен алектенди. Дайыма колунан түшпөй бапестеди.

Ананчы, окуу жылы башталып, Айдар биринчи жолу мектепке барса. Барганда да ким менен дейсиңер! Албетте, өзүнүн көзгө сүйкүм бөжөгү менен. Топураган балдар оозун ачып, таңданышса. Мектептин жандуу бурчу дагы бир жаныбарга көбөйсө жыргал эмей. Айдар ошондо чоң кишилерче салабат күтүп: «Акырын, акырын, чочутасыңар!»— деп турса. Атаганат, кана ошол күн! Чын эле, кичинекей бөжөктүн акылдуулугун кара, бат эле тигилерге байыр алып кетти. Айдардын жанынан карыш жылса не ? Экөө абдан ынтымактуу. Арадан бир жума өтпөй атайын эки кыр ашып, көрөбүз деп келген коңшу айылдын өзү кырдуу балдары: «Ой-бой, бу Айдардын коёнеги укмуш го! Кулагын, кулагын шалпаңдап. Акылдуулугун көргүлөчү, жанынан карыш жылбайт экен»,— деп суктанышса Айдар өзүнчө эле корстон. Ошо күндөн кичинекей бөжөк чоңоюп, «Айдардын бөжөгү» аталып калды.

Күндөрдүн биринде Абдилаз чоң ата: «Жем-тузга барам» деп жакага аттанып кетти. Таңга маал Суксур эне койлорду жайытка айдаган. Айдар эрте менен күн кылайып көрүнгөндө, али уйкуда болчу. Аңгыча:

— «Так-тук», «топ-топ» этип, топулдаган добуш кулагына шак дей түштү. Көзү умачтай ачылып, ыргып турду. Барса өзүнүн эле бөжөгү чатырдын алдындагы тепшини чапкылап, ары-бери чуркап жүрүптүр. Бөжөгүн эркелетимиш болуп, эчтемеден кабары жок Айдар кайра барып жатып алды. Таңкы уйкунун кучагына бөлөнгүчө, көп өтпөй тыштан чыккан «күр-түрс» добуш турууга аргасыз кылды. Көзүн ушалап, башын көтөрдү. Чатыр солкулдап, жүрөгүн түшүрдү. Туура тартылган жиптер дирилдеп, үй эмеректери чачылды. Муундары калтырап, эмне экенин түшүнбөдү. Алыстан гана:

— Ай-даа-ар... деген чоң энесинин кыйкырыгы тоо жаңыртты. Кайраттанып чатырдын оозуна келип, сыртка баш бакты. Алдынан эки неме куушуп өткөнүн көрүп, чочуп кетти. Бири өзүнүн коёнеги, экинчиси оозу барып айталбайт. Артындагы күрсүйгөн чоң ит. Ал бөжөгүн жегени кууп жүрөт. Жүрөгү «шуу» дей түшкөн Айдар итти айдактап, колуна таяк ала жүгүрдү. Ит шамдагай секирип, топ карагандын арасына кирип кеткенсиди. Коёнек коркконунан түз эле коктуну көздөй качты. Бала аны кууп, жетпей калды. Булт ойт берген бөжөк акыры барып көрүнбөй калды. Аны издеп түшкө чейин убараланды. Кокту өрдөп чакырды, кыйкырды. Ызасына буулугуп жаш төктү, бирок, майнап чыкпады. «Өзү келип калабы?» деп кара күүгүмгө дейре күттү. Келбеди. Санаасы санга бөлүнүп, бушайман жеди. Уятынан намыстанды. «Балким, коркоктук кылдымбы, же саар ойготкондо түшүнбөй калдымбы? Болбосо ажыратып калмакмын»,— деп азаптанып, өзүнө өзү нааразы болду.

«Ошол күнү Айдар түшүндө да бөжөгүн чакырып чыкты» дешет чоң атасы менен чоң энеси.

Ортодон үч күн өтүп, кичинекей Айдар чоң атасы менен кошо жайытка кой айдап чыкты. Салкын жел беттен аймайт. Аттар бышкырып, козулар маарап, айлана шаңдуу. Жамбаштап жаткан Абдилаз чоң ата алыска дүрбү салганы жаратылыштын ансайын кооздугун арттырып, айланага жарашып тургансыйт. Бөжөгүм көрүнүп калабы деп көзү чачырап турган Айдар:

— Чоң ата, дүрбүңүздү берип туруңузчу. Мен да карайын,— деди. Чоң ата дүрбүсүн мойнунан алып, небересине сунду.

— Ме, айланайын, ал!

А дагы бушайман. Кантсин байкуш, небереси кыйналып кетпедиби, бөжөктүн сарсанаасын тартып. Дүрбүнү алган Айдар теребелге көз чаптырды. Тигине, бийик өскөн кымыздыктын түбүнөн бирдеме ойт берип, секирип кеткенсиди. Дүрбүнү коомай чеңгелдеп, кадала тигилген бала даана, тап-так көрүш үчүн атын өөдө карай бастырды. Мына ал, алаканга салгандай жапжакын жерден көрүндү. Бала анча алыс эмес жерде өзүнүн бөжөгү оттоп жүргөнүн көрдү. Айдардын сүйүнгөнүн айтпа!

— Чоң ата, таптым, таптым! — деп кыйкырып ийди кубанганынан.

— Менин кичинекей бөжөгүм, татынакайым! — деген бойдон кырды көздөй чаап жөнөдү.

 

УЯТ БОЛДУ

Бир жашар Нурбек чоңойгон сайын кежир болуп баратты. Өчөшкөнсүп күндө таңга маал ойгонуп алат. Апасынын колун байлайт. Уй сааса, үй шыпырса да кучагынан түшпөйт. Ошондо да апасы кубанат.

— Нурбегим азамат! Мага жардамдашат!

Ал эмне болуп калыптыр. Кээ убакта атасы жумуштан чарчап-чаалыгып келсе да ыйлап тосуп алат. Алдейлейт. Болбойт. Качан колуна алып, өөдө көтөргөндө тынчып калат. Атасы гезит окуйт.Бир колунда гезит, бир колунда бала. Тоскоол болот. Ошентсе да атасы кубанат.

— Нурбегим азамат, гезит окуйт.

Атасы менен апасы жумушка кеткенде Нурбекти чоң энеси карап калат. Ал небересин бешикке бөлөп коюп, жүн тытат, ийик ийрийт. Ушуну эле күтүп жаткансып, ал аңгыча бала ойгонот, чыргоолойт. Терметет. Көнбөйт. Өңгүрөп ыйлай берет, ыйлай берет. Ошентсе да чоң эне сүйүнөт.

— Нурбегим азамат! Жүн тытышат, жип ийришет.

Ошентип, селки небере чоң энесинин жонунан кечке түшпөйт.

Жылдар тез эле өтүп кеткенсиди. Нурбек мектепке келди. Караса класста орун калбай калыптыр. Өзү кырдуу жыйырма төрт бала отурушат. Жан-жагын элеңдей атасын, апасын, чоң энесин издеди. Көмөк күттү. Бирок, алардын жок экенин сезгенде, ызасына чыдабай ыйлап ийе жаздады. Муну дароо байкаган Жусу ордунан шып тура калып:

— Нурбек, кел, менин ордума отур,— деди.

— А сенчи? — деп сурады эжекеси.

— Мен туруп эле турам.

— Кой, сен мына буга отур,— деп эжекеси өзүнүн орундугун бошотуп берди.

Күндөр өтө берди. Баласы үчүн апасы көйнөгүн үтүктөп, китебин иреттеди. Атасы эсебин чыгарып, ботинкасын тазалады. Чоң энеси төшөгүн жыйып, тамагын белендеди. А Нурбек таза, тыкан бала аталып, башкаларга үлгү кылып көрсөтүштү. Бир күнү окуучулар мектептин багына ишембиликке барышты.

— Ишембиликке ата-энем келеби? — деп сурады Нурбек балдардан.

— Жок. Биз менен эжеке болот. Өзүбүз эле иштейбиз,— деп жооп беришти.

— Кантип?! — Нурбек колуна кетмен-күрөк, шыпыргы алып, булгангысы келбеди. Окуучулар аны ортого алышты.

— Кантип, кантип?! Жөпжөнөкөй эле. Качанкыга дейре ата-энеңди карайсың. Уят го акыры. Окуучу да сендей болобу? — деп чурулдашты. Нурбек кызыл чоктой кызарды. Уялды. Бети чымыраганынан баш көтөрбөй иштеди. Кыздарга жардамдашты. Түш оогондо чарчап-чаалыгып үйүнө кайтты. Апасы чоргодон суу ташып жатыптыр. Чуркап барып колунан челекти ала койду. Апасы чочуду, таң кала тигилди.

— Ой ,сага эмне, жин тийдиби? Бас чечин, булганасың. Өзүм эле ташыйм.

Отун жарып жаткан атасына жакындады. Балтасын ала коюп жардамдашкысы келди. Атасы жинин келтирди.

— Ой, сен эмне соосуңбу? — Тур мындай. Бир жериңи чаап аласың. Сенсиз эле жетишем.

«Апаке, мен эле ташый коёюн, атаке, мен эле жыя коёюн» деп айталбады. Мындай иш башынан өтпөгөн соң, айтыш кыйынга турду. Чоң энесине чуркады. Чоң энеси шырдамал шырып, ийнесин учуктай албай кыйналып жатыптыр.

— Чоң эне, келиңиз мен саптап берейин,— деди сылык гана.

— Кой каралдым, колуңа ийне киргизип аласың. Өзүм эле саптап алам.

Нурбектин эми чындап каңырыгы түтөдү. Кичинесинен эркелетип, кара жумушка үйрөтпөгөндөрүнө капаланды. Ызаланды. Көздөрүнөн жаш мөлт-мөлт куюлду. Коркуп кеткен ата-энеси үйрүлүп түшүп, тегеректешти.

— Силер эмне, мени кичине дейсиңерби? Эркелетип, ак кол кылып тарбиялап... Бүгүн балдардын алдында өлбөгөн гана төрт шыйрагым калды. Мындан ары киришпегиле! Бардык жумушту өзүм жасайм! Өзүм!..

Эмне кылаарын билбей карбаластап калган атасы, апасы, чоң энеси Нурбектин алдында катуу уят болушту.

 

ТАНАПИС

Танаписте балдар коридорго толуп кетти. Чоңураактары салабат күтүп, кичинекейлери ызы-чуу түшүштү. Божурашып сүйлөшкөнү, китеп окуганы, тышка ашыкканы канча дейсиң. Кетирекей Мыктыбек класстан чыга берээрде Адан агайды сүзүп алса болобу. Кечирим суроого үлгүрө албай туталанган шок бала же чуркап кете албай, же туруп кала албай кызык абалда калды.

— Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес. Этият болуш керек, бара гой эми,— деди башы салаңдаган Мыктыбекти эркелете көкүлүнөн сылап. Анардай кызарып кеткен баланы көп уялтпайын дегендей Адан агай шыпылдай басып кетти.

«Каап, кетип калды. Кечирим сураш керек эле. Карачы, какаганга муштагандай танапис боло калганын кара! Жоругум жолдо калсын. Кайдан да чыга калдым экен танаписке» — деп өкүндү башын кашып.

Киришке коңгуроо кагылары менен Адан агай кирген класстын эшигин какты. Эшик ачылып, карыя мугалим баш бакты.

— Аа, бу сенсиңби? Кел баатыр!

Мыктыбектин тамагы буулуп, үзүл-кесил мукактанды.

— Агай, ке-чи-рип коюңуз. М-мен, ко-ку-сунан...

— Анан сеники жакшыбы, кишиге урунуп. Окуучу деген кичи пейил, таза, тартиптүү болуш керек. Кой эми өткөн ишти унуталы. Келгениңе ыраазымын. Жакшы болуу аста-аста... деди чын көңүлүнөн.

«Кечирген жок. Жооткотуп жатат,— деп ой жүгүрттү, не дээрин билбей астанада калган Мыктыбек. А кокус, эртең окуучулардын жыйынында айтсачы. Улууларды, агай-эжелерди сыйлабаган окуучу окуучубу? десечи. Анда көпчүлүктүн арасында катуу уят болуп калам го? Кой дагы барып кечирим сурайын» -ичинен ушундай деп күбүрөп, бою башын түзөдү. «Башыңды көтөрүп, өзүңдү эркин карма. Айта турган кебиң так, түшүнүктүү болсун» — деген эжекесинин насаатын эсине салды. Эшик тык-тык кагылды. Класс ачыла бергенде көз айнекчен агай көрүндү.

— Ой-бой, сен дале турасыңбы? — деп сурагыча Мыктыбек түзөлө калды.

— Агай, күнөө менде. Кечирип коюңуз!

— Ээ, азаматтын шакылдаганын кара. Кечирдим, кечирдим. Бирок, күнөө сенде эмес. Класс жетекчиңде, билдиңби? Бар эми сабагыңа.

Мыктыбек бу сырдана кепке дагы түшүнө бербей, узун коридордо ойлуу баратты.

 

КОТОРМОЧУ

Бектур мектептен келсе, чоң энеси сыналгы көрүп отуруптур. Ал китеп кабын тарс ыргытып, шаша-буша чечинип жаткан небересин жайдары карады.

— Ээ, бөжөгүм, сен орус тилин мыкты окуйсуң, чынбы?

— Чын эмей, чоң эне! Ишенбесеңиз мына, бүгүн да беш алдым? — Күндөлүгүн мактана көрсөтө кетти.

— Ошондой эле болсун, бөжөгүм. Жакшы окусаң өзүңө пайда. Баятан булардын сүйлөгөн сөзүн түшүнө албай жатпаймынбы, жардамдашсаң каралдым!

— Тиги кууп бараткандарбы? — Билерман небере сыналгыдагы кыймылды жаңсады.

— Ооба, — Чоң эне башын ийкеди.

— Кызылдар.

— А качкандарчы? — Чоң эне кайра собол таштады.

— Актар! — Өз жоопторуна корстон болгон Бектур көйнөгүн алмаштырып кийгенче, кино деген кызык болот тура, качып бараткандар, кууп бараткандарды артына качырса болобу. Кемпирдин башы маң болду. Кимдин ким экенин айрып, тааный албады. Чоң эне небересин жардамга чакыргандай жалооруй карады. Окуяга Бектур өзү да түшүнө албады. «Айдап баратканына караганда качкындар актар, куугандар кызылдар». Ушундай ойду боолгологон небере, такалбастан жооп берди.

— Мээнетиңди алайын, бөжөгүм! Сени окуткан эже-агайларыңа ырахмат. Баарын билип алган турбайсыңбы.

А аңгыча, замбиректер дүңгүрөп, октор төбөсүнөн ышкырып өткөн сайын «Боже мой, боже мой» деп башын мыкчып, отура-тура калган бирөөнү көрсөтүп:

— Ээ, бөжөгүм, бу божу мой, божу мой дегени эмнеси? — деп сурап калбаспы. Такмаза бала ойлонбоду. Шыр жообун айтты.

— Албы, чоң эне, божу мой дегени, казакча-пазакча эле башым ой, башым ой дегени десе болобу. Чоң эне небересинин жообуна жетине албай кудуңдап, жалынып-жалбарып ийди, — Өпкөмү чабайын, кичинекейим, бөжөгүм менин, баарын билип алганын кара. Кел, өөп коёюн.

«Бөжөк» ойлонбостон бетин тосту...

 

ЖЫРТКЫЧ ЧЫМЧЫК

Маликбү кемпир төркү бөлмөдө төшөк кабып аткан. Аңгыча кыжы-кужу чурулдашкан ала чыйырчыктын үнүн угуп, сыртка чыкты.

— Оо, ко-куу-уй! — Колун шак койду. — Ээ, Илияз, кайда кеткен жашабагыр. Бу кашайгыр чымчыктарың баарын жеп коё турган болду. Өлүгүңдү гана көрөйүн ала чыйырчык болбой жымыран кал! Оо, Илияз, күш де!

Көчөдөн биякка тыз койгон Илияз чымчыктарга таш атты.

— Күш, күш! Оо-уу-у! — Пешайвандагы жүзүмзарга жабалактаган ала чыйырчыктар жаш баланы анча тоготпой «чыр-р» , «чыйк» ышкырышып, бутактан бутакка секиришип, арамза учушту. Бала тал чыбыгын сороң-сороң чапкылап, үркүтө берди.

— Мойну үзүлгүрлөр десе, ушулардан күйдүк! Балама деп сары майдай сактаган жүзүмдү да ит абийирин кетирип, майкандаган тура! Тирүүдөн балапан койбой, кызылдан мөмө-жемиш койбой, көзү түшкөн неменин баарын мойсой берет. Кашайып, сен кайда жүрдүң эле, я? Акең аскерден келсе эмне беребиз?

Пешайванда шиңгил-шиңгил жүзүмдөр чачылып жатат.

— Акем келгенде баайын каймап, шажайин колуна бейет. Ошондо жеп кеткен каймак-куйутуңузду, алма-өйүгүңүздү, эт-петиңизди кушуп бейет.

— Ээ, куспай кумуран калсын. Бирин чокуса, миңине залалы тиет турбайбы! Мунуң илгери жок эле. Көрдөн чыга калгансып кайдан келе калды?

— Эне, алайың Апийика дейби, Амейика дейби, ошояктан учуп келиптий. Мага Айстан айтты.

— Аның ким эле ботом?

— О, жанагы Бакы акенин баласычы, мектепте окуган.

— Ооба, ооба. Анан буларың эмне кылат экен?

— Уйдун жонундагы куйтун тейип жейт экен.

— Аг, жебей жемирен калсын! Жогот а, пашистен да жаман экен.

— Сиз тууйа айтасыз эне. Жажындасы кыжыл гүл тейип келгенде тойгойдун баласын жеп кеткен. Мен бийинчи көйгөм. Айстан экөөбүз таш менен уйганда учуп кетип, жетпей калганбыз.

— Кантип жетпей калдыңар. Кармап алып мойнун толгобойсуңарбы, жашабагырды. Сен айткандай, «талаа куштарынын тукумдарын, чегип, кызыл эт балапандарга айныкча өч» деп уккам. Аларың келгени не бир сонун канаттууларды тукум курут кылды. Буга дабаа жок экен да. Кара тумандай көбөйгөнүн айтпайсыңбы, балам. Мунуң зыяндуу немелерди жебей эле адал нерсени арам кылат тура. Жамандын тарпын өчөшкөнсүп ит да жебейт экен, капырай-ай!

— Оо, чоң эне, чоң эне дейм, мен чоңойгондо Апийикадан башка чымчык апкелем. Анан тигилерди кууйт. Пайда апкелет.

— Ээ, Апийикаң менен аңыраң кал! Ага чейин бизди курутканы турбайбы. Ана айтпадым беле, баятан бери экөөбүз чукулдашып отуруп, середеги курутту жедире турган болдук. Чак түштө оозунан алдырган иттей, мыш болдук. Бол бачым, айда! Күш де!

— Оуу-уу-у, күш,күш!

Бала атыраңдап тыз койду.

 

ЭЛЧИ ТОРПОК

Эки бала ортоңку көчөдө келе жатты. Сары жүз арык баланын аты Кочон, кара торусу Тобокел. Дайым эки тарап болуп ойногон балдар бүгүн эмнегедир кучакташып алышыптыр. Үндөрү бак-бак чыгат.

— Дегеле биздин айылда атты кызык коюшат. Айрыкча атаандашып коюлган ат кулакка жагымдуу угулат окшойт. Жогорку көчөлүктөр балдарына Мария, Оксана, Танка деп орусча коюп алышыптыр.

— А ылдыйкы көчөлүктөр Космира, Сессия, Съездбек коюшканы менен чатагың жок. Дагы бизге сынтагып коёт,— деди сары бала.

— Досум экөөбүз талашпайлычы. Кел, кол алышып коёлу.

— Кел, минтпесек жаакташып кетебиз.

— Кечээ силер ак чөлмөк ойноп жатканда мени кошпой койдуңар го.

— Кийин кошподукпу. Кыжыктанбасаң.

— Мейли мындан ары бөлүнбөй аралашып, чогуу ойнойбуз. Сүйлөштүкпү!

— Сүйлөштүк. Жүр эми, топ тепкендерге баралык.

Экөөнүн алдын эки көчөнүн берендери торой чуркап келишти.

— Эй, Тобокел, баспайсыңбы. Же тушап койдубу. Жүр, кошул. Бир-бир болдук, — шенейген бирөө омуролоду.

— Биз ойнобойбуз! — балдар жүз бурушту.

— Хо, алакандаша коюшканын булардын. Силерсиз эле күн өткөрөбүз. Жүргүлө кеттик! — дешти беттери алоолонгон балдар.

Дөбөдө үңкүйүп экөө гана калды. Ичтеринде бири-бирине каршы топ тепкиси келип турса да унчугушпады. «Кеттик» дегенге шылтоо жок.

— Арыраак отурчу чыканагың тийип кетти,— деди аңгыча бирөө чыдабай.

— Чыканагым тийбей эле турат. Сенин бутуң менин бутуму басып турса деле унчукканым жок го.

— Аа-а, сен ошондой унчукпас көк бетсиң! Бая «Ойнобойбуз» деп айтканда сен үн дебей койдуң го. Алакан алдайт. Экөөбүз мындан ары дос эмеспиз, билип ал. Мен өзүбүздүкүлөргө кеттим.

— Эй, эй акырын. Коркуп кете турган бул жерде коркок адам жок. Керек болсо мен да ойнойм,— сөзүн бүтүп бүтпөй багалегин түрүп кирди. Кочон менен Тобокел оюн талашка айланган маалда кошулушту. Топ кийирип ийген дарбазачы бала ызасына чыдабай топту тескери тээп ийгенде эки тарап алыша кетишти.

— Түрс! Дүпа-дүп! Карма! Тарт! Ох, ии-ий!...

— Жогорку көчөлүктөрдү соккула!

— Ылдыйкы көчөлүктөрдү аябагыла!

Аңгыча башына топ тийген таргыл торпок чочуп кетип мөңкүп жөнөгөндө балдарга аралашып кетти.

— Аа-а-а, сүзөнөөк торпок! Качкыла! — деди кагышып алган бирөө.

Балдар топурай дубалга корголошту. Торпок бу эмнеси дегендей таңгала кулагын тикчийтти. «Мөө-ө» деп кызыга алдыга жүткүнгөндө балдар бири-бирине ыкташты. Коркконунан кол кармаша тап беришти. Ушу тушта арыктын жээгинде ойноп жүргөн Космира менен Оксана кыйкырып ийишти. Алакандарын чапкылап, ордунан секиришти.

— Ураа-а! Кол алышты, кол алышты! Жарашты, жарашты!

Элеңдей үрккөн торпок алды-артын карабай дыргаяктап качып жөнөдү. Тизелери калчылдап бек кармашкан эки тарап, уялгандан аргасыз бирине-бири баштарын катышты. «Мындан кийин бөлүнбөйлү, талашпайлы, урушпай бир адамдай ынтымактуу ойнойлу» деп шилекей алышып, элчиликке торпокту күбөгө тартышты.

 

ЖУРТУҢ У ТАЗАЛАП КЕТ

Акташ жайлоосуна бараткан жолдо муздак булак бар. Анын жанында жанаша өскөн бийик ак кайың көк тирейт. Ары-бери каттаган адам бул жерге сөзсүз токтобой өтпөйт. Суусун кандырат, аптапта көлөкөсүнө эс алат. А асман мелжиген ак кайың келишкен сулуу кыздай кылыктуу, көзгө сүйкүм. Тоту куштун жүнүндөй үлбүрөгөн жибек чачы жер чийип, саамай ылдый төгүлөт. Көк-жашыл бариктери үп эткен желаргыга дирилдеп, музыканын ыргагындай термелет. Жанга жагым дирилдек ак кайыңдын өңү акактай апакай, албырып жаздын жыпар гүлүндөй. Муңайым келсең жүрөк жанат, ысылап турсаң суусун канат. Шылдыр-шылдур жылжыган мөл булак кайың каны, өмүр азыгы. Бири шуудурайт, бири шылдырайт. Экөө үн алышса табигат кооздугу артат, ыр өмүрү узарат. Көз арткандар анан көп. Тийип өтөт, кордоп өтөт.

Ана, дагы экөө келатат. Бул жакка бурулушту. Чоң кишилердей эмес. Жагоолору кызыл чоктой булаят. Кызуу кобурашып келе жатып, токтой калышты. Саресеп салган экөөнүн өңдөрүндө муңайым бар.

— Эрбол, кандай дейсиң? Жерибиз сонун, жерибиз кооз деп көкүрөк кагабыз. Мактанабыз. Бирок ошо мактанганчалык киндик кан тамган жерге кыпындай жакшы нерсе арнап, сөөмөйүбүздү сөөмөйүбүзгө кагыштырмак түгүл минтип, жаратылышты бүлүндүрөбүз, булгайбыз. Карачы, айланада эмнелер гана жок! Бөтөлкөнүн сыныктары, сөөк-саак, ыпыр-сыпыр...

— Муну ким кылды экен? — Эрбол Берметке суроолуу карады.

— Албетте, сен экөөбүз кылган жокпуз. Чоң кишилер жасады. Ошолордун жапайы изи. Көрүп зээниң кейийт.

— Бермет, айтканың калетсиз. Чын, абдан туура айттың. Ошондо да көп эле кайгыра бербечи. Жаратылыш экөөбүзгө эле керек дейсиңби. Жок. Бардыгы муктаж. «Колдо бар алтындын баркы жок» деген ушу. Аны билбей жер жакырланды, заман бузулду дейбиз. Өзүбүздү билбей, бирөөнү сындайбыз.

— Сен деле кайгыра баштадың го. Кебиң чыктуу...

— Кайгырбаска айла жок. Түшүнсөң бай болгур, сен эмне мына бу убактылуу жан айласы кылып, суусунан шимирип, көлөкөсүнө чалкалап көр пенде жыргап кетти дейсиңби. Жок. Кыйын эле болсо эки, же үч саат чардагандыр. Бирок, баскан изин топук кылбай булгап кетти, бул жердин ээси жоктой акыр-чикир таштап кетти. Жаманбы, жакшыбы ойлонуп көр.

— Аның туура дечи. Илгери көчмөн эл, журт котороордо журтун тазалап, акыр-чикирден арылтып, анан көчүшчү экен. Кийин ал адатка, салтка айланыптыр. Муну биз ылаажы болсо дайыма эсте тутуубуз абзел. Андан тайсак өмүрү эч нерсеге жарыбай өтөбүз.

— Аларың эмне, салтты эле карап туруптурбу? Эс алса болду да, башкасы менен чатагы жок.

— Бермет, эмне салтты чоңдор эле бузуп жатыптыры? Андан биз деле кур эмеспиз, — Эрбол сурнай үнү жаңырган лагерь тарапты карады.

— Алдыңкы көч кайда барса, арткы көч ошояка барат...

— Кой, Бермет, экөөбүз акыйнек айтышпайлы. Түшкү тамакка да чакырып жатат. Чоңдорду баары бир жеңе албайсың. Азыр бирөө келип: «Эмне, атаңардын энчиси беле» десе өзүбүз мыш болобуз. А көрөкчө кел, ыпыр-сыпырды чогултуп, көөмп коёлу. Булактын көзүн тазалайлы...

— Макул, ошентсе ошентели, айланасын тазартып, мөл булак менен кайыңды бир кубанталы, ээ Эрбол.

Бермет кубана жайдары билек түрдү.

— Кубантабыз, сөзсүз кубантабыз! Көрөсүң го... тегерегин тазаласак, дагы чырайына чыга түшөт.

Ыпыр-сыпырдан арылган кутман жер жеңил дем алып, тез эле кулпунуп чыга келди. Булак муюп, ак кайыңдын жалбырактары ийиле таазим кылып, лагерди көздөй бараткан кыз-баланы узата карап турушту.

 

ЗООПАРК

Марал эне зоопаркта көпкө иштей албады. Өз каалоосу менен бошоп кетти. Аны небереси Майрам да кызуу колдоду. Себеби, ал күндө мектептен келгенде чоң энесине жардамдашчу. Кайберендерге, канаттууларга жем-чөп, туз-суу ташып, жеңилин жерден, оорун колдон алат. Кээ күндөрү кечке кыймылдап, чарчаганына карабай чаалыктым дебей чоң энесине көмөктөшкөнүнө жайдары. Жаныбарлар менен канчалык көп болгон сайын, ошончолук аларды жакшы көрүп баратты. Бирок анча узабай зоопарктан көңүлү иренжип, муңайым кайта турган болду. Анткени көпчүлүк ата-эне ээрчитип келген балдарына: «Ох! Силер кыргоол, кекиликтин этин жеп көрдүңөр беле? Албетте жок! Абдан таттуу болот. Куурдагынын даамын айтпайсыңбы!

Оф! Шилекейиң гана чубурат.Кудаа кааласа, келерки жума тоого чыксак бирин колго тийгизербиз»,— деп мактанышса, экинчи бирөөлөрү: «Бах! Чиркин дүйнө! Силер али кулжа, эликтин шишкебегин тата элексиңер да. Азыр болсо кана! Тимеле тилиңди тиштеп алаар элең.Бирдт и сулатып алсак ээ? Укмуш болбойт беле! Мейли бир күнү боорун отко кактап да жатаарсыңар!» — деп алкымын араандай ачып тамшанышса, күйбөгөн жери күл болуп, өлүп эле бүтөт уялып. Ансыз деле көздөрү жайнап, тамшанып турган балдары азыр эле кайберендин шорпосуна карк кекирип, боорун шишке сайганы кам ургандай алдыга жүткүнүшөт.

Ошондо чоң эне менен небере «Балапан уядан эмнени көрсө ошону алат. Ыйманы жоктор! Деги эмне деп жатканыңарды сезесиңерби? Силер, таш боорлор, кайберенден айланып кеткиле! А көрөкчө балдардын келечегин ойлобойсуңарбы?!» — деп тосмого жолотпой коюшат. «Долу кемпир экен. А тиги кызына эмне жок, куюшканга кыпчылып»,— деп тигилер да жөн туруп калышпайт. Арызданышат. Акыры чоң эне өз каалоосу менен арыз жазууга аргасыз болот.

Марал эне зоопаркка барбай калган күндөн Майрам үйдө жөн тура албады. Туталанып, айбанаттарды, не бир сонун куштарды эңсечү болду. Чоң энесине айтпай жашыруун барууну ойлоду. Кечинде канчалык өзүн токтотсо да буттары тартып кетти. Барса чоң энесинин ордуна иштеп жаткан киши зоопаркка киргизбей койсо болобу. Не дээрин билбей калган Майрам ошондо ызасына буулугуп, эчкирип ыйлап ийди. Ысык жаш темир тосмону күйгүзүп жатты. Кызыл көйнөгү бүт суу болду. Кетейин деп башын көтөргөндө көз кыйыгына жанагы киши илээшти. Макоо чал бирөөлөр менен кызуу кобурашып, ал тамшанса кошо тамшанып жаткан экен. Сөөмөйүн чычайтып, кекиртегин жанып койду. Көргөн көзүнө ишенбей көзүнө жаш ала буркурады. Жүрөгү мыжыгып, ичинен бейкүнөө капаска салып кордогондорду жек көрдү. Жемеледи. «Жыргалы ушул болсо экинчи келбейм» деп күбүрөп-шыбырап келатты. Үйү итабар алыс эле...

 

УЯЛУУ БУЛАК
 
Балдар, мен силерге быйыл каникулда башыман өткөргөн окуяны айтып берейин. Калп эмес, чын. Ошону тыңшагыла.

Акташ жайлоосунун нак төрүндөбүз. Чатырыбыз чоң ак таштын оң жак ыптасындагы токойлуу өңүттө. «Айран, сүт ичип боору агарсын. Кийинкиге калса кеч болуп калат» деп чакыртып ийишиптир. Кийин дегени жайлоо которуп алыскы Суубашына кетет. Аяк атамын суусаганынчалык бар. «Эртели кеч кийиктер койлор менен аралашып кетет. Кекилик, улары жерге батпайт. Бери имерилгенче казаның эттен үзүлбөйт. Бейиштин төрү эле ошоякта» дейт.

Мен айтам:

— Ыя, ата, ошо казанга түшкөн кийик, куштарга убал жокпу?

— Ай, балам ай! Жердин бити көп. Бир жерде болбосо, бир жерде «Ме ала гой» деп төгүлүп жатпайбы. Мен болбосом башка бирөөлөр салат казанга. Кантип ушуга түшүнбөйсүң.

— Башкаларга түшүнө турган кылып айтсаңыз оңдуу бирдеме чыкмак.

— Айткан менен кайра атаңы шылдың кылбайбы: «Багып өстүрүп, жем чачып койдуң беле» деп. Ошондо эле өлбөдүмбү. Эки ача тагдыр деген ушу, балам. Бири атса, бири коргойт.

Сөз кыябы кызыйт. Мен түшүндүргөн болом, ал түшүнбөйт. Ал бирдеме деген болот, мен түшүнбөйм. Экөөбүз тең кыйналабыз. Маңдайыбыз тер чачат. Акыры жадаганда бөлүнөбүз.

Деги биз кызыкбыз. Атыбыз да окшош.Чоң атамкы Жайлообай,меники Кыштообай. Малчынын баласымын.Туулгандан ат жалында чоңойдум. Жайындасы жайлоодо, кышындасы кыштоодо. Көргөн-билгениң мал. «Ары тос, бери тос» менен күн кечкирет. Кыштактагы тамга чанда барабыз. Дагы түзүк, былтыр мектеп босогосун аттап кичине элге аралашып калдым. Күздөөдөн мени таап жатак-мектепке алып кеткен сулуу эжекеге миң мертебе ыраазымын. Эжекеми жакшы көргөндөн кээде апаман сурап, кээде бекитип, курут алып барып берем. Эжекем чөбөгө кошулган курутту жакшы көрөт. Апама: «Балаңыз башкаларга караганда илбериңки, боорукер, зээндүү» деп мактап келет. Көбүнчө атамын досу аяш атам Абдираш мергенчи маземи алганын койбойт, «Чоңойгондо ким болосуң?» деп. Унчукпай кызарып-татарып жер чукуйм. Көңүлүмө көп нерсе төп келип турат. Бирок айтыштан айбыгам. Айтсам эле сөз көбөйүп талашка түшөм. Бир сапар кайсы күн экени жадымда жок. Абдираш аяш атам ошондой дегенде атам: «Ким болмок эле. Биз койчулар династиясынанбыз. Кой багат» деп бакылдап койгон.

Дагы жакшы жайлоолоп, кыштоолоп жүрө берип маңдайыбызга бүткөн жалгыз там жаз алды урап калды. Ошонун шылтоосу менен чоң ата, чоң энем чөлдө, усталарга баш-көз болуп. Мен да Суубашына барбай чөлдө эле калып калсам деп ойлойм. Себебин айтсам бышыкчылык сонун эле нерсе го чиркин! Алма, өрүк, коон-дарбыз, жашылчадан курсагың кампайып. Мындай ойлор сууга баратканда, бээ саадырганда, кой тоскондо жаман башыма келе берет, кайра кете берет.

Түш ченде тайды токуп булакка чапкыладым. Ойлонуп кетип сонуркап шимип бараткан муштумдай курутум колуман жылмышып тоголонуп кетсе болобу. Булакка чукулдап калгам. Тамшанып, тамшанып тайдын чылбырын ак чечекке иле коюп, секирип түштүм. Айлана чытырман токой, саз. Чыргайдан корккон жокмун. Жер менен жер болуп издеп жүрөм. Куруттун кызыгы жыш өскөн табылгы, алча, караган, ыргай арча, долонодон жойлоп, кыпкызыл четинге тумшугум такалды. Мөмөсү кызарып, кулак сөйкөдөй ийилгени аргасыз тамшандырат.Четинге чыгуу ышкым түртүп, эки бутак өөдө тырмыштым. Ана кызык! Ишенсең койсоң өзүң бил! Чыргайдын көлөкө, түнт төрүндө чатырдын ордундай тептегиз аянтча бар экен. Ууртуму кымтууга чолом тийбеди. Аерде суналып килейген жапайы доңуз жатат. Атам көргөндө «Чычайтып эки жагына эки чылымды туура тиштеп койгон. Чоңдугу биздин көгүш букадай, кайбарым. Семиздигин айт, чылк эле май» деп тамшанмак. А мен жүрөгү жок корккон жаным бирдекиде мынчалык жакындан көрбөгөндүктөн муун-жүүнүм бошой түштү. Жапайы доңуздун кокус көз кырына илинсем челип ие тургандай түрүнөн өпкө-жүрөгүм оозума кептеле тула боюм «дүр» үрктү. Бутум бутакка токтобой элеңдеп көз кырымы узатсам кайбарым кебелип койбойт. Силкинип-силкинип кайра оонады. Мен биякта дүр эткен боюм алигиче суубай жүрөгүм түшкөнүнөн ырайым, өңү өчкөн чүпүрөктөй кумсарып жүрсөм «Алыстан сезет, жыт алат, тайманбай бет келгенин качырат» дегени карандай жалган окшобойбу. Сезбейт. Качыргысы жок. Арыма келдим. Ичимде жинине тийгим келди. Ал коркутпаса, мен үркүтөйүн дедим. Четиндин башына чыга койбос деп ойлоп турам. Атып урайын десем колума эчтеме урунбайт. Көпкө чейин таңыркап, кайра аяп кеттим. Байкуштун уйкусун бузбайын дедим. Жолдон туруп байкасаң теректей шоолап кеткен кымыздык, жалбыз, балдыркандан эчтемени аңдабайсың. Жапайы доңузду кезиктиргениме көңүлүм жайланып артка тарттым. Курут эстен чыкты. Тырмалап келатсам жолумда кыргоол жатат. Сүйүнө энтиктим. Бая өткөндө чыдап жаткан көрүнөт «пырр-р» асманга көтөрүлдү. Өөдө жакта ак чечекте куркулдай, алагүүнүн уясы термелет. Анча узабай кек

иликтин он бир тукумун санадым. Бет маңдайдагы карагандын түбүндө суур сороёт. Кен тапкандай жүрөгүм алып учуп өзүмчө эле корсоём. Жолго чыкканда демими басып, тынч, токойлуу бетти айлана карап «Уялуубулак» деп атадым.

Күндөр өтө берди. Атам таң азандан койлорун жайытка айдаган соң мылтык жарагын асынып ууга шайланат.Бирок, мен келгенден кароолуна эч бир жан илине элек.Шериги Абдираш аяш атам.Экөөнүн аң издебеген жери, өрдөбөгөн капчыгайы калбады, чагымда. Бүт тинтип чыгышты десем жаңылбайм. Күндө кечиндеси атам кабагы жазылбай кайтчу болду. Алардын көксөгөнү Уялуубулакта чардап жатканы менен түк иштери жок. Же шексинип коюшпады. Кайран доңуздун айлакерлиги жанда жок экен. Эгерде ал Уялуубулакты мекендебей башка жылгада жүргөндө эмгиче эти устукандалып кетмек. Себеби мен доңуз көргөндүн кечеси атам менен апамдын сөзүнө күбө болбодумбу. Атам ойлуу күңгүрөнгөн.

— Тамдын пакзасын эки айлантып коюптур.Усталардын ысылыгына чочко атып бербесем болчуудай эмес.

— Ээ,ботом! Өгүнү эле серке союп бербедиң беле. Жапайы чочко атып барсаң атам менен апам эмне дейт. Тамакты макүрөө кылдың деп баарыбызды короодон кууп чыкпайбы,— апам ызылдап ийди.

— Ийе,сен дагы кызык экенсиң.Ошолорго көрсөтмөк белем.Эт тандаган Николай уста болуп жатпайбы.Эчкиники жакпайт дейт. Доңуздуку болсо пакза өзү эле көтөрүлөт имиш,— атам сөөмөйүн сырайтты.

— Андай болсо атып бер.

— Атыш эле оңойбу! Ошо арамың көзгө чалдыкпай жатпайбы.

Сөздөр мага оор чагылды.Үч күн айтсамбы,айтпасамбы деп түйшүк тартып, санаам тынчыбай,акыркы бүтүмүм эч кимге ооз ачпоо болгон.Шек бердим дегиче кыргоол, кекилик, жапайы доңуз үйүрүнө ок атылып, башы менен(Николай уста сөзсүз башы кошо келсин деп зынарлаптыр) чөлгө куурма болуп узамак.Ушуларды эстесем аза боюм тик туруп, үшүп кетем.Кашка тайымы камчылаганча оюм чыйралат,кайра тескери тегеренет.Эмне аң эти бизге буюрган эмеспи.Бу асман тиреген тоолордун миңдеген кокту-колоту, жылга-жыбыты ширин эттүү жаныбарларга толо. Бирин кылтактасак тукуму курут болуп кетпес. Айтам.Бүгүн эле айтам. Сүрсүтүп бир жейли...деп куурдак көзүмө элестеп, шилекейим чууруп келатып тайым мүдүрүлүп, оюм чачылат.

— Капырай! — көзүм умачтай ачылат. Жадагалса жаман оюму тай да бузат. Демек болбойт. Айтсам ит болоюн. Ансыз деле кыргоол,кекилик менден чочулашпай көнүп кетишти. Уча качышпайт.Тумшуктары чөп искеп көз суктандырган талаа куштарынын башынан сылагым келет.Абайлайм.Бөк түшөм.Бирок колуму сунуудан чочулайм. «Пырр-р» көкөлөсө экинчи кайрылбай кетеби,тукумдарын таштай качабы деп артка чегинем. А жапайы ашынам биринчи мертебе мени байкаганда айбаттуу жыйрылып, кол сала тургандай түр көрсөткөндө досторчо ылжая калгам. Жумшак мамилем таасир эттиби,айбан да болсо жылмаюуга жоошуй куйругун чычайтты. Жанындагы мага түзүктөп көрүнүп коеюн деген шекилдүү цирктегиден бетер өөдө-ылдый жүгүнө куркулдайт. Жагынгансыйт. Салам бергенсийт. Анан кантип ушундай сүйкүмдүү жанды суук колдорго ыраа көрөйүн. Аяйм да. Мейли аз күнчөлүк өмүргө чардай берсин.Тукум уласын дейм. Устанын айласы табылаар.Эчкинин эти да эт. Кечээ күнү атам күнүн барып бир койдун этин жеткирип кайтты. Дубалы бүтүп, үстүнө жыгач таарый башташыптыр.Үй бүтүп жатканына кубандым. Кубанган менен атам жакадан шашып келди. Башкарма: «Журт которуп,койлорду Суубашына айдагыла» дептир.

Ошо күнү атам адатынча мылтыгын тазалай баштады.Үңүрөйгөн кош ооз ажал чакырчуудай мээленет.Чыныгы уу эми башталчуудай.Эртең акыркы жортуу. Жүрөгүм үшүдү. Кечке даярданды Досуна кабар айтылды. Сөз кыска:

Апасы жолго азык камда.Койду бүрсүгүнү айдайбыз. ...Анан баягы суй жыккан доңузду жердин жети түбүнөн болсо дагы кулагынан сууруп чыкпасам болчуудай эмес. Эзип бүттү, энеңди.

Баары түшүнүктүү болду. Оңбогон гана Николай уста! «Күсөгөн немеми колго тийгизбесеңер тамыңар быйыл жабылбайт» дептир. Жабылат эле.Чоң атама айтсам устанын уругу түгөнүп калса да башкасын таап келет. Апамын шөкөттөп айтканына караганда атам өзү убада берип койгондой. Болбосо: «Жети урууга таанымал паланча уулу Жайлообай Николай устасына жердин бити болгон бир доңуз атып бербесе кудайы коноктордун алдында шермендеси чыкпайбы» дебес.

Тамашасыбы,чыныбы чоңдорго кичине болсом да кыжырым кайнады, доңуздан башка жумуштары жоктой. Мылтыгын бузуп коеюн деп ойлоп,атамын коңурук тартышын күттүм.Чарчаган жаным күтүп отуруп өзүмүн көзүм илинип кетиптир. Жерге жарык киргенде турсам атам качан эле туруп кетиптир. Уктап калганыма аябай өкүндүм. Тоо-ташты кыдырган соң, мергенчилердин бир күмөн жери «Уялуубулакты сөзсүз чалып өтөт» деген кыялда жүрдүм. Апам менен кой айдаштым. Бээ саадырдым. Чай ичкенче күн кызыды. Идиш-аяк кагышты. Бидон бошоду. Сууну шылтоолодум. Булакка батыраак жетсем деген эки көзүм төрт. Максатым бир секирди кутулду, акыры тутулду кылбай байкуштарды үркүтүү менен аман сактап калуу. Кыргоол, кекилик кечээ толук басып чыгармак. Алагүү да эсеп менен учурган. Күндө булакка аттанганда жорголоп жөнөөчү кашка тай бүгүн арамза. Ылаалайт. Кашаңына айландыбы. Башка-көзгө койгулайм. Дембе дем теминем. Качан Уялуубулак көзгө урунганча кагып-силке бердим. Капылеттен, токойдон ышкый күлгөн тааныш үндү кулагым чалып, элее каттым.

«Кайран жапайы досторум жем болдубу» деп ойлогондо жүрөгүм шуу дей түштү. Жок. Жакындай бергенде каткырыгы таш жарган атам экен. Тигиле карадым. Олжосу көзгө илинбеди. Кашында көйнөк-шалбары дал-дал айрылган, колу-башы чыргайга тилинген Абдираш аяш атам телмирет, ууртун кымтып. Биринин күлгөнү, биринин бозоргону өөн учурады.

— Жүрөгүң түшүп калган жокпу?! — деп көзүнөн жаш чыкканча ыкшыйт атам. Күңкүлдөгөн аяш атам мени көрө калып ордунан турду.

— Ии, баатыр жол болсун! Жөнөгөн экенсиң сууга. Аздектеп баккан доңузуң колдон тайды. Чыйпылдаган жөжөлөрүң түгөл качты. Жөн эле качпай мыктылап үйрөткөн экенсиң аяш атаңы шылдыңдап таштай качты.

Сөзүндө ызырынуу сезилбейт. Тетирисинче күлгөнү араң турат. Охологон атам ичин тырмайт. Абдираш аяш атам мени бир карап, атамы бир карап ууртуна топтолгон күлкүсүн тыялбай чарт жарылды. Аларга кошулуп мен каткырдым. Досторумун аман-эсен экенине сүйүндүм. Күлкүдөн тоо жаңырды. Каткыра бердик. Бир маалда атам күлкүсүн тыйып, атына ыргып минди.

— Эртең көчкөнү жатсак суу ташыганыңа таңмын, уулум. Бүгүнчө баары жетишет да. Кел, учкаш! — деди буюра.

Учкаштым. Аяш атам тайды жетеледи. Атамын ызасы көкүрөгүн тээп, жини мурдунун учунда турганын сезсем да эреркей далысынан кучактаганда жыйрылган булчуңу жазыла түшкөнсүдү.

— Айтам да, эмнеге эле күндө тайы ак чечекке асылып калат деп. Көрсө аяш уулум токой айбанаттарын браконьерлерден коргоп жүргөн турбайбы. Азамат, бир ишке жарадың,— деп чатырга жеткенче бакылдап келди. Кеп төркүнүн тыңшасам айтканымдай эле айлакер аяш атам мурда эле сезген экен. Бирок маани бербептир. Уудан кур жалак кайтып келатып булакка түшүшүптүр. Атам ат сугарып, аяш атам бери баспайбы. Чөптөрү басырылып калган менин изим аркылуу четинге жетет. Бутакка тырмышат. Дит коё караса көзүнө азуусун алчага жанган килейген алиги жатат. Кубанганынан кыйкырып жиберсе бутактан буту тайып чыргайга кулап түшөт. Доңуз куркулдап ылдый шумгуйт. Жөжөлөр жашынып, энелери уча качышат. Колдон олжосун качырып ийип, мурду-башы канжалаган мергенге күлбөй турган жорукпу. Баарынан да жети уурунун таанымал эки мергени эки ай бут жоорутса, жердин жети түбүнөн эмес, болгондо да мылтык жаракчан күндө он маал каттоочу жалгыз аяк жолдун алдынан кезиксе айтпай турган жорукпу!

Эртеси күн көтөрүлгөндө камылгабыз бүттү. Чабдар жорго мага ырасталды. Койду айдаар мезгилде капысынан атам өзүнө чакырды. Багытын чукул өзгөрттү. Бирдеме айтам деп түнү менен бушайман жеп чыккандай. Көздөрү кызарып, алды шишимик тартып калыптыр.

— Балам, сен мага таарынба! Аркар, кулжаны кийин көрсөтөөрмүн. Азыр чөлдү көздөй сыз. Чал, кемпирге караан бол! Там салып жатпайбы жардамдаш! — деди жоргону жылоолой.

Мындай кескин бурулушту күтпөгөн жаным аябай таң калдым. Же жаманга, же жакшыга жоруй албай делдейдим. Аныгын билбей көгөрдүм.Тултуйдум. «Сөз бүттү го» дедим эле, бирок атамы байкасам дагы бирдеме деп айткысы келип шымаланды. Тамагын жасады.

— Кышаң, чоңойгондо ким болосуң, уулум?! Шоопурлук жагабы, же атаңа, чоң атаңа окшоп койчу эле болосуңбу. Тартынба. Айт, айта гой! Балким маалим болуп жүрбө. Жакшы кесип. Бирдеме дечи. Чоң жигит дагы ушинтип тултуят бекен,— атам чекесин бырыштырды.

Суроону жаадырып коюп, кайра өзү жооп табалбай кызарды.

— Жок, уулум, сен тоодон ажыраба! Тоо багат сени. Токой багат. Ээси жоктой ээнсиреген тоо-таштын чыныгы кожоюну бол. Токойчу бол! Менин көзүм кечээ толук жетти. Эжекең айткандай өтө боорукер, көбүнөн акылдуу экенсиң. Тайманба. Чыныгы адам бол! — деди күтүүсүздөн тапкан акылына маашырланып.

Жылуу сөзгө жылан ийининен чыгыптыр. Кептин таасиринен эрксизден ууртум ылжая түштү. Атамы аяп кеттим. Оо түпкүрдө оргуп жаткан ак дилим, атамын дилине үндөшүп, төп келе түшкөнүнө борбоё карадым.

— Ата-оов! Мен жаман иш кылдым ээ?! Кечирип коюңузчу эми... — дедим жалооруй жер карап.

— Ээ, балам, кечирбөөчү иш бекен. Эң эле сонун иш болду! Бар эми , апаң менен кайырлашып ал! — деди кучактай.

Апам менен коштошмогум кыйын болду. Анан эмей! Бир үйдүн жалгызы болсом, чоңу да, кичинеси да. Апамын эбиреп— жебиреп айткан насаатынын түгүн коротпой көңүлгө түйдүм. Эки бетимен жыттап, акыркы айткан сөзү бу болду.

— Чоң атаңа, чоң энеңе бизден салам айт,— деди.

Мен баш ийкей колум ээрдин кашына чап жармашканда кой чубап кыядан өтүп калыптыр.

— Кайдасың чөл! — деп чабдарды эки-үч темингенде алдыман Уялуубулактын жапайы куштарынын учуп, конгону, балдарынын шып-шып шумгуп баштарын чөпкө катканы кыялымы делиртип, өзүмдү көктө сызып бараткандай элестеттим.

 

КЫШ

Кыш келип, кар жаады. Айлана апакай ак шейшепке чулганды.Алма, өрүктүн бутактары ийилип, ак тон жамынышты. Кыштын келиши, кардын себелеши, Таалайбекке майдай жакты. Ал көптөн бери жылгаяк тебүүгө абдан ынтызарлык менен даярданып жүргөн. Кыш камын жай көрүп, алдырган чанасы жапжаңы эле бойдон. Эртеси күн жылыганда, Таалайбек бутуна чокоюн илип, чанасын сүйрөп жөнөдү. Балдар небак чогулуп: бири лыжа, бири чана менен, кээ бирлери эки-үчтөн кол кармашып алып, дөбөдөн ылдый зуулдап түшүп атыптыр. Таалайбек жылгаяк тепкендерге элжирей карап, жогору өрдөй баштады. Нечен курдай тайгаланып жыгылды. Кайра турду. Өжөрлөндү. Мойну-башына кар кирип, буттары үшүгөнүнө карабастан бытыгый колунан чанасын түшүрбөдү. Улам тайгаланган сайын кабагым-кашым дебей, кайра өөдө туруп, кадый берди. Эми баскан сайын ысыды. А турмак, тондун үстүңкү эки бүчүлүгүн да чечип жиберди.

«Качан чыгып, качан зуулдап түшөм?» деп ойлоду. Мына, ал акыры кыйналып жатып, дөбөгө да чыкты. Чоң-кичине балдар «Азаматсың» дегендей суктана карашты. Дөбөдөн тээ агарып көрүнгөн мейкин талаа, жылт-жулт этип, көз кысып, дем берип тургансыды. Жүрөгү элеп-желеп болуп кудуңдап турган Таалайбектин көздөрү жайнай түштү. Анткени, бу анын эс тартканы кышты кыш деп түшүнгөн чыныгы кышы, өзү жеткен мүдөөгө кубанган биринчи кубанычы эле. Каректери оюн кумарына жык толгон Таалайбек жипти абайлап кармап, чанага ыңгайлуу отурду. Каадаланып, чоң мүдөөгө жеткендей мыйыгынан жылмайып, мурдун шуу тартты. «Эми болду» дегендей эрдин бек тиштенип, таканчыктаган бутун коё берди. Чана акырын жыла баштады. Бир аздан кийин жылып гана эмес, зымырап алып учуп, Таалайбектин чанасы дүйнө кезип бараткансыды.

 

БИР КӨЧӨНҮН БАЛДАРЫ

Кыштак башындагы дүпүйгөн чынар терек көп жолу бүрдөдү.Бирок, аны ким отургузганы эч кимдин жадында жок. Карыялардын айтымында чоң аталардын чоң— аталары чыт курсак кезинде да жайкалып, бой керип турчу экен. Кийин чек багы дарак болуп, ошондон көчө түшкөн. Кышы-жайы айланасынан балдар үзүлбөйт. Андыктан алардын эртели-кеч ойногон жайы ушу дарактын тегереги.

Жаз бу сапар өз маалында келди. Көк-жашыл дарактын жалбырагы айдарым желге шуудурап, бир укмуш термелет. Ушул кыштактын балдары: Кеңеш, Чыңгыз, Аскар, Эрбол алтынчы күнү түштөн кийин даракты айланта арык казышып, суу бурушту. Алма, өрүк, шабдаалынын көчөтүн эге башташты. Күн ачуу тийгендиктен жаш багбанчылардын таноолору барбайып, жүздөрү түгөл алоолонгон.

— Эй Эрбол чуңкур казып бүттүңбү? Болсоң, алма көчөт апкел! — Кеңеш буюра кол жаңсады. Эрбол күрөгүн таштап, көчөткө жеткенче туурадан Чыңгыз коңк этти.

— Эй, сен кайда! Аны коё туруп, бери бас. Мобуну көмө гой! Мен кармап турайын. Эрбол артына бурулду. Шапа-шупа топурак шилеп, көчөттүн түбүн жакшылап тепти.

— Минтпесе оюкта боштук калып, көчөт куурап калат.

— Ыы-ы, муну сен кайдан билесиң?

— Атам айткан.

— Ошондой де. Атаң дагы эмне деген?

— Атам дагы чоңойгондо кой бак уулум. Элдин баары чоң болуп кетсе, койду ким кайтарат? Этти, жүндү ким өндүрөт? Ошондуктан койчу эле бол, балам. Сага окшогондор да өкүмөткө керек деген,— бала тердеп кетти.

— А мен министр болом. Атам министр болсоң дайыма сый көрөсүң деген. А сенчи, Кеңеш? — Чыңгыз беркилерге текеберлене бой көтөрө карады.

— Мен начальник болом.

— А мени атам чоңго окутам деди. «Чоң болсоң май жалайсың. Заманына жараша бөрү болсо бөрү, ууру болсо ууру бол» дейт.— Аскар чычая төш какты.

Ушу тапта алыстан саресеп салып турган Осу аба балдардын жанына келди.

— Иш илгери азаматтар! Ап-баракелде, түзүк иш баштапсыңар. Кудаа кааласа жакшы караса бир-эки жылда эле жетилип калат,— бак-бак унчукту.

— Бар болуң, аба! Айтканыңыз келсин! Биринчи мөмөсүн сизге үзүп беребиз! — Эрбол аржактан жайдары кыйкырды.

— Жаштын тилегин кудайым тез эле берет, айланайындар! Ылайым эле ошондой болсун! — Карыя саамга ойлоно түштү. — Деги бу саамалыкты ким баштады?

— Биз, — үчөөнүн таноосу шенейип кетти. Бозала чаң болгон Эрбол баш көтөрбөдү, унчукпады. Үндөбөй кагына берди. «Баштаган үчөө, кылган бирөө» деген күдүк ойго баткан карыя балдардын чоңураагына кайрылды.

— Сен кимдин баласы элең, кагылайын?

— Менби?! — Чыңгыз өзүн кезеди. — Канатбектин.

— Аа, тиги шаардагыбы? Билем, билем. Айылга келгениң жакшы балам. Сен булардын күзүрү окшойсуң?

— Ооба.

— А мен класскоммун...

— Мен окуу сектору...

— Дурус, дурус, а тигил... балачы?

— Тигиби? Эчтеме эмес,— үчөө жапырт жооп кайтарышты.

— Эчтемке эмес дегилечи. Ым-м... аны да эптеп бир немеге шайлап койбойсуңарбы? — Осу карыя чындап кызыкты.

— Колунан келбейт, эчтеме билбейт,— Чыңгыз ээк какты.— Балдар жүргүлө кеттик. Эртеңдеп баштап күзөткө турабыз,— деди акылдуусуна.

Карыя «Күзөтү эмнеси?» деп башы маң болуп турганда, Эрбол ага бирдеме айтмакчы кейпинде кыңырылып барып токтоду. Тигил үчөөнүн узап кеткенинен улам шашкалактай түштү. Кетмен-күрөктөрдүн бирин көтөрүп, бирин сүйрөдү. Осу аба көмөктөшөйүн дегендей умтулду. Ага ынабай кете бермекчи болду.

— Ой мунун көктүгүн кара! Келе жардамдашайын!

— Ырахмат, абаке, өзүм эле...

— Ээ, мурдуңду урайын десе... — карыя кыйраң-кыйраң кетип бараткан баланы аяй карады.

Эртеси Осу аба кезүүгө мал айдап чыкты. Кечээги эгилген көчөттөрдү Чыңгыз, Кеңеш, Аскар — үчөө кайтарып турганын көрүп, өзүнө ишенбеди. Балдар жайыттан качкан дейди малды жакын жолотпой ызгытып айдашат. Колдорунда таяк, өңдөрү сүрдүү, үндөрү бакубат.

— Эй-эй, сен каяка, ары айдабайсыңбы? Көчөттү көрбөй турасыңбы? — деп бири короңдосо, экинчиси андан калышпайт.

— Чоң эне, эчкиңиз көчөттөрдү кажып коё электе бачым кыймылдасаңыз. Болбосо менден бирди көрөт.

— Ой-ой, сиз кайда? Уюңузду мындайраак «өш» дебейсизби! Өрүктү кыйрата турган болду.

Көпкө чейин таңыркаган Осу аба балдарга кеп узатты.

— Ой силер буерде эмне кылып жатасыңар?

— Бизби?!... Көчөттөрдү кайтарып жатабыз.

Аңгыча ары-бери өткөндөр жабалактап алкап ийишти.

— Мээнетиңерге күйсөңөр мал-салдан сак болгула! Кажып коёт.

— Ай, азаматтаа-ар! Жакшы иш баштапсыңар, өркөнүңөр өсө берсин!

— Ой, тигилерди карагылачы! Минтип отурса бир жалбырагын да желге учурбайт!

— Калетсиз, балдардын эрезеге жеткени ушу да! — деген кептерге кудуңдашкан кургурлар кечке суй жыгылышты. Кечиндеси Осу аба мал тоскону келгенде:

— Баш болбосо буттун шору! — деп ачык күңкүлдөдү.

— Ыя?! — дешти каңырыш угуп калган балдар.

— Тиги торпокту ким айдайт дейм.

Аябай чарчап, буттарын тарта албай калышкан балдар не кылаарын билбей бири экинчисин үмүттүү карады. А көк торпок көчөттү жыттагылап, жесемби, жебесемби деген ойдо турду. Бирок, шалдайып отурушкан байкуштарды аядыбы, же чын эле табити тартпадыбы балдарга алаңдай карегин тигип, атыраңдап ары чуркап кетти.

Дүйшөмбү күнү Эрбол турмак болгон. «Сен бизден кыйынсың» деп балдар аны жалгыз коюшкан. Ал Ороздун таргыл ую,Асандын эчкилери,Камалдин эшектери көчөттүн жанынан өтсө дагы курбуларына окшоп, таяк ала жүгүрбөдү.Саарлап атасы экөө кадаа ташышкан.

— Ата, мага биртке жардамдашып коесузбу? -деген тура элек жатып.

— Албетте,уулум! Бирдеме жасайын дегениң жакшы жөрөлгө.Камына бер!-деген жылмая ичинен кымыңдап.Эрбол атасы экөө түшкө чейин баш көтөрбөй иштешти. Даракты айланта кашаа кармашты.Тегерете тосулган чынар теректин айланасын жумшартып,түркүн гүлдөрдүн уругун себишти.Кишилер жандарынан өтө беришти.

Эч ким мактабады да алкабады.Иши бүтө жаздап калганда Осу аба басып келди.

Үчөө кыйлага дейре аңгемелешип отурушту. Аңгыча каяктандыр шашкалакташып Чынгыз,Кеңеш, Аскар жетип келишти.Салам айткан болушту.Чыңгыз Эрболду көз ымдап чекеге чакырды.

— Эшек арабаңы тезирээк кошуп чык.Кагаз,темир сыныктарын чогултабыз. Ким көп жыйнаса Ысыккөлгө акысыз жолдомо берет экен.

— Аны, сага ким айтты?-Эрбол болоор-болбос эрдин кыбыратты.

— Класс жетекчи эжеке.

— Силердин деле арабаңар бар го? Таманы жумшак. Эгер баарыбыз алып келсек дурус болот эле, көп чогултмакпыз,-азыр эле жөнөй тургандай шедирейди.

— Таманы жумшак болгону менен «Жаңы немени сындырып коесуң» деп чоң энем бербей жатпайбы.Болбосо апкелет элем.

— Биздикин деле билесиңер,саар сурасам атам: «Арабасы жок эле оокат кылчы» деп койду,— Кеңеш калп эле башын шылкыйтты.

— Ийэ, эмне талашасыңар?Буларды үйдөгүлөр урушса сенин атаң эчтеме дебейт. Же сынып калат деп коркуп атасыңбы? — Сөөмөйүн чычайткан Аскар намысына тийди. Эрбол «Эмнеге айттым экен?» дегендей ичинен сызып:

— Жо,жо-ок! Анткен жокмун,азыр эле апкелем,-деди шашкалактап.

— Бая эле ошондой десең болмок.Көрөсүңөр го,эми биз биринчи болобуз.Кеңеш менен Аскар ишенимдүү төш каккан Чынгызды кудайындай карашты.Эрбол арабага тыз койгондо,Осу аба атасына минтип шыбырады:

— Ушунуң түзүк адам болот.

Темир чогултам менен Эрбол жети-сегиз күн мектепке барбай калды.Кашайып акыркы чогултканын алып келатканда сур эшеги көгөрүп,баспай койбодубу. Эрбол арабаны түртүп,тигилер,бири эшекти башы-көзүнө койгулап, бири жибинен тарткылап жатканда жоон темир жылмышып түшүп,сол бутун басып калды.Эрбол охулап чыңырып ийгенде беркилер «Ушу сенден күйдүк, эптеп өзүңү алып жүрө албайсың!?» — деп акырая карашканда «тып» басылган. «Сен акырын жыла бер.Биз тапшырып келели» деп «кы-кылап» жатышып,эшекти араң зорго жолго салышкан классташтары.

Балдар кеткенде Эрбол кадимкидей онтоп, аксаңдап атып, күүгүмдө араң үйүнө жетти. Артынан сур эшеги арабаны кыйчылдата сүйрөп артынан жете келди.Ошондо «Мен эмне алардан кем бекем?Кылсам дайым ашыкча аткарам.Эч качан алардан калышкан эмесмин.Класс жетекчи эжеке да кызык.Түшүнбөйт.Ошолорду эле мактай берет. Мени эсине алган эч ким жок. Же чынеле колундо токочу бар бала сүйкүмдүүбү?» деп ой чаргыткан.Эртелеп атасынын «Бүгүнчө кое тур балам.Эртеңден барарсың» дегенине болбой мектепке сылтып келди.Классын таап катарга турду. Балдардын бүт дити борбордо болгондуктан Эрболду эч ким деле андоос албады. Мектептин мүдүрү безеленип сүйлөп аткан экен.

— Кымбаттуу окуучулар!Биздин ынтымактуу жамаатыбызда эл жерин сүйгөн,ал үчүн кам көргөн алдыңкы окуучуларыбыз бар экендигине мен абдан сыймыктанам.

Алар айылды көрктөндүрүүдө,темир сыныктарын жыйноодо,кары-картаңдарга кол кабыш кылууда башкаларга үлгү болорлук жумуштарды аткарышты.

— Кана, кана,азаматтар, ортого чыккыла! Сүрдөбөгүлө! — Класс жетекчи эжеке балдарга дем бере артынан түрткүлөдү. Мантайып үчөө ортого чыгышты.

— Мынакей, мен айтмакчы болгон азыркы доордун жаңы тимурчулары! Чыныгы окуучулар! Эми минтип кыргыз Артеги болгон Ысык-көлгө акысыз жолдомо менен сыйланышып, эртең-бүрсүгүнү жөнөгөнү жатышат. Эмесе буларга чың денсоолук, көп жакшылыктарды жана ак жол каалап коелук. Жайкы каникулдарын мыкты өткөрүшсүн.!

Колдор шатырады. Мүдүр ар киминин колдорун кыса кармады. А буту ооруган баланы эчкимиси оюна албады. Өзү да ооруксунган бутунун көйү менен алектенип отура калганда дүркүрөгөн кол чабуулардан эчтемени аңдабай калды.

Көп өтпөй Чыңгыз, Кеңеш , Аскар-үчөө Ысыккөлгө лагерге, а Эрбол атасы менен жайлоого кетти.

 

ТӨГҮНГӨ ЧЫККАН ЛАКАП

Биздин тоо канаттууларга абдан бай. Андагы не бир сонун куштар чөптүн бүрлөрүнө нык семирген мезгилде жаратылышынан жарты мүнөт жаны жай албаган ынак достор — Амир менен Кадыш Кырк күнгөйгө ууга чыгат.Алар келатканда күнгөйдүн кекиликтери шыбыт чыгарбай дымып калышат. Жатканы жаткан,турганы турган жерде бүлкүлдөп,баштарын чөпкө катышат.Байкуш өспүрүм кекиликтер кош ооздон чыккан «ба-бах!»ты кайдан эшитишсин.Чоңураактарынын дымагына көнбөй сайрагысы кычап, какылыктап жиберишет.Ошондо «баары бир өлдүк « деп жанталпаска түшүп,төмөндөй жанын куткаруу үчүн бир үйүр кекилик «пырр— р» канат серпкиче, аңдып калган мергенчилер «тарс», «тарс» атып алышат. Кычашкансып бүгүн тигилерге туш келгенин карачы! Балким, жаш кекиликтер сайрап жиберишпегенде,ошо кош ооз мылтыкка кабылган бир үйүр кекилик азыркыга чейин көбөйүшүп тирүү жүрүшөт беле. Ким билсин! Ажал экен, өлүп тынды.

Кызыгы,тигилердин балдарынын өзөгүнө паранданин сүр эти биротоло сиңип калганбы, бири дөбөсүн, экинчиси сан жилигин күсөп, кышы бою чыргоолонуп чыгышат дейт. Качан гана тилине «бал» тамганда даамдуу этти чалп-чулп чайнашып,сооронушуп калышат экен.Ошентип балдарга кезек келди.Чоңоюшту. Мектеп босогосун аттаганда эле кыргыз жана орус тил сабактарын окушту. Жаман адаттан арылышты, кежирленбей калышты.Табигатка байкоо жүргүзүштү. А турмак мектепте уюшулган жаратылышты коргоо коомунун активдүү мүчөлөрүнөн болушту. Бейчеки уя бузгандарды, созмо аткандарды тартипке чакырышты. Амир менен Кадыш качанкы бир өткөн иштерине уялып, балдарынын айткандарын эки кылбай: «Мындан ары колубузга мылтык кармабайбыз» деп убада беришиптир. «Жөжө атасына үйрөтпөйт» лакабынын төгүнгө чыкканы ушу эмеспи.

 

ДОСТОР

Күн көтөрүлгөндө экскурсияга чыккан токой чарбасынын жаш токойчулары жоон түп жаңгактын алдына эс алууга отурушту. Баштыктарынан азыктарын алып, жерге коюшту. Мелис, Миргүл, Мараттар ары жакта шылдырап агып жаткан мөл булакка жөнөштү. Бермет дасторконун белендеп, алардын соңунан барды. Мына ушуну эле күтүп тургансып, коюу бадалдын арасынан чыгышкан кирпилер тумшуктарын көтөрүшүп, жайылуу дасторконду тепсеп, боорсок, нан, таттуу-маттуунун баарын чак-чалекей түшүрүштү. Аңгыча балдар келип:

— Ой-боой! Мына бу тентектердин бизден улуксатсыз дасторконго келгенин карагылачы! — дегенче кирпилер бадал арасына житип кетишти.

Балдар шам-шум этишкенден кийин токойдон жолуккан кумурсканын уюгун ар кандай жандыктан этиятташып, чырпык менен тосушту. Түркүн гүлдөрдүн, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн чогултушту.Жетилип келаткан мисте, жаңгак, карагат, кайыңдардын түптөрүн жумшартып, белги коюшту. Иш аяктап калганда кызыктуу көрүнүшкө туш болушту. Алдыда келаткан Бермет бир маалда кубанычтуу кый-кырып жиберди. Жапайы алма түптүн айланасынан баягы кирпилерди кайрадан жолуктурушту. Эне кирпи жонуна алма сайып алыптыр.

— Мына! Дагы кездештик. Ар бир макулук тиричилик деп далбастайт тура. Карагы— лачы, акылдуулугун! Деги бүгүнкү жүрүшүбүз кызыктуу өттү,—  деди Бермет чын дилинен көңүлү толо.

— Эмки кездешүүгө чейин кош болгула, кичинекей достор! — дешти алар. Анан балдар кирпилер менен көңүлдүү коштошуп,жолун улашты.

 

ЭКИ ЧӨНТӨК ЧҮКӨ

Нургазы ар качандан бир качан чүкөлүү болууну эңсечү. Утуп алмакка кудаанын куттуу күнү ойносо да утулуп калат.Ошондо оюнга кумары канбай ызаланып, уттурган чүкөлөрүн кайра сатып алып же буюмга башма баш алмаштырып алчу. Бир жолу ооматы келип, тырмагы канаганча чүкө ойноп, көчөдө сандалып жүрдү. Боз ала чаң болуп курсагынын ачканын сезбей көгөрүп отуруп, көп чүкө утуп алды.Эки чөнтөгү чүкөгө толду. Карыз сурагандарды карап да койбоду. Дүрбөтүп топ балдарды артынан ээрчитти. Жалдыратты.Тыйынга да сатпады, буюмга да айырбаштабады. «Бир чөнтөгүн катып коюп, калганын башка күнү ойнойм» деп кудуңдап келатканда алдынан атасы чыга калды. «Кечке таптырбай күнү бою көчөдөсүң. Колдоруң кир, топчуң үзүлгөн.Күлгө оонаган тооктой бозоруп калыпсың. Оюнда атаңын өчү барбы,эмне окууга барбайсың?» деп эки чөнтөк чүкөсүн бүт кагып алып койду.

Нургазы биротоло утулуп калбай, же утуп ырахатына батпай оозунан майын алдырган мышыктай мыш болуп, чаң жолдо бозоргон өңү чормоюп, атасынын алдында сандалып баратты.

 

ГҮЛЗАР

Дем алыш күн эле...

Көп кабаттуу үйдүн алдындагы гүлзарда ары-бери басып, буудай ыраң, шуң-шугуй ак калпакчан бала гүлкайырдай татына көйнөк кийген кызды күтүп жатты.

«Дайыма ушул жерден жолукчубуз. Карасаң эми кечигип жатканын». Бала ушундай ойго түштү. Убакыт чыкылдап өткөн сайын кабатырлана берди. Адаттагыдай,кыз менен божурашып сүйлөшкүсү, гүлзарды аралап, куушуп ойногусу келди.

Ана келет, мына келет менен күн да төбөгө чыкты. Көздөрү жашылданып,зарыга күтсө да көксөгөнү келбеди... Дагы да күтө бермек. Сөзүнөн тайбай, какая күткөн баланы апасы келип жетелеп кетпедиби...

Байкуш, ал бала кайдан билсин, күткөн кызы ата-энеси менен башка шаарга көчүп кеткенин. Эгер бала эми кыздын башка бакчага бараарын, аны менен эч качан көрүшпөсүн билгенде буркурап ыйлап жиберет беле... Ансыз деле артын кылчак-кылчак карап, кыйылып баратты...

 

БАЙКАШКА

Байкашка Сейдалинин жакшы көргөн ити. А керели кечке бир орунда байланып турат. Жайындасы акактап тилин салаңдатса, кышындасы токоч болуп бүрүшүп алат. Жанынан адам өтсө да, итаягын тооктор чокуса да көңүл буруп койбойт. Тамак берип жатканда шыйпаңдап койсо не? Шыйпаңдабайт. Катуу да үрбөйт. Суналып жатып, ээси кеткенден кийин араң козголуп, табагын «шалап-шалап» жалайт.

Бир күнү ал өзүнчө эле авалап үрүп, куйругун шыйпаңдатып калыптыр. Мектеп— тен кайткан Сейдалинин буту-колун жалап, эркелеп, так секирип тосуп алды. Экөө кызуу ойноп жаткан кезде үйдөн атасы чыгып, итти чакырды. Сейдали: «Байкушум, барбаса экен. Атам кармап алып байлап койбосо экен. Качып кетпейби»,— деп ойлоду. Атасына «Байлабай эле койсоңуз.Бош жүрө берсин»— дегиче, «Бош жүрсө бирөөлөрдү каап алат»,— деп итти байлап койду.

Сейдали дагы ойногусу келип жанына барса, ит байкуш ага таарынгандай тескери карап жатып алды.

 

ӨЗ ЭНЕМ

Жаздын эрте келгенине кичинекей Медер абдан сүйүндү. Анткени чоң энеси кышындасы «Суук тийип калат» деп аны сыртка көп чыгарчу эмес.Эми канча кааласа чыга берсе болот. Медер чоң энеси конокко кеткендигинен пайдаланып, жок нерсени шылтоолоп, ылай буту менен тынымсыз үйгө кирип,кайра чыга берди. Заматта мизилдете жуулган таза бөлмө карала-торала болуп булганды. Ыпыр-сыпырга толуп кетти. Үйдү ыпыратып, жаман буту менен кирген курбусун уяткарып коем деген ниетте Болот досу:

— Медер, уялсаң боло! Чоң энең эртеден кечке үй жыйнайт. Кыйналат. Бирөөнүн эмгегин да баалаш керек да! — деди акыл айтып. Аны Медер тоотуп да койгон жок.

Кайра чиренип туруп:

— Эмне, жат бирөө бекен!? Өз энем! — деп полду «тарс» тепкенде өтүгүнөн кара балчык «талп» этип, кийизге түштү.

 

УНУТУП КАЛДЫ

Жаз келди. Айлана көркүнө чыкты. Кош айдоо кызуу башталды. Келгин куштар жаагын жанбай сайрашып,теребел шаңга бөлөндү. Алма, өрүк, алча гүлүн ачты. Кызыл-тазыл гүлдөр талаада жайнады.Табияттын кооздугуна көңүлү эргиген Мелис балакай көлмөгө жөнөдү. Жип — шурусун, кайырмагын, серпмейин алды. Балык уулап, курбуларына мактангысы келди. Бирок сүйүнүп жүрүп, балыкка курт-сөөлжан алууну унутуп калды.

 

ЖАЛПАК ТУМШУК ЖӨЖӨ

Айылда жашасаң көп нерсеге үйрөнөсүң. Ар бир адамдын өз түйшүгү болот. Ошондуктан кичинекей кезимде мага кандай жоопкерчилик жүктөлгөнүн айтып берейин. Эстесем ушу азыркыга чейин кызарып кетем.

Мисалы,биздин үйбүлө он кишиден турат.Атам менен апам жумушка кеткенде үйдө чоң атам менен чоң энем калат.Талант акем менен Жумаш акем мал-жанды карап, короо-сарайды тазалайт. Гүлбарчын абжем тамак жасайт. Бактыгүл абжем мектептен колу бошобойт. Аяктан келип эле, кайра ийримге бармак элем деп мектепке шашып турат. Иним Жанар экөөбүз үйдө калабыз. Короодогу толгон токой тооктор, жөжөлөрү менен экөөбүздүн мойнубузда. Колумда дайым көк чыбык. Мил— детим: эки маал жем чачуу,көлчүккө айдап баруу, бакчага киргизбөө. Эсепти онго чейин билем. Андан аркысын үйрөнө элекмин.Бирок тооктордун эсебине жетпесем да өң-түсүнөн ажыратып тааныйм. Күрпөң тоок, чаар тоок, тебек короз, сакалдуу кулу тоок, жапан короз, урушчаак, качаак , чычкак, чабендес деген жөжөлөр толо короодо. Ойт десем ойго, кыйт десем кырга айдайм. Шөкүлөсү бар кара тоок көрүнбөй калды эле, бир күнү пайда болуп калыптыр. Он жөжө ээрчитип жүрөт. Жөжөлөрү бир кылка эмес. Бири чоң, бири кичине, майпаңдап баскан жалпак тумшуктуулары дагы бар экен арасында.Таң калдым, себеби мурда мындайды көргөн эмесмин. Мени чоң тооктор эмес ошолор уят кылбадыбы.Кайдан-жайдан оюнга кошула койдум эле. «Биртке чүкө ойноп алайын»деп көк чыбыгымды үкөм Жанарга бере койбо-думбу короңдоп, «Кайтарып тур» деп. Бир маалда Жанар өң алеттен кетип, безип келди.

— Жөжөлөй шууга агып кете туйган болду. Өлө туйган болду,-деп.

Чуркап бардым.Карасам кашайып кара шөкүлөлүү кара тооктун төрт баласы көл— чүккө түшүп кетиптир.Энеси чырылдап жээкте жүрөт. Аларды айдап чыгам деп өлө баткак болдум. Балдарды жардамга чакырдым. Карматпайт. Шөмтүрөп карала-торала болуп кебетемин келишкенин айт. Эми жөжөлөр сууга чөгүп өлө турган болсо чоң атамдан тил угам деп үйгө чү койдум. Келсем Талант акем китеп окуп жатыптыр. Эт-бетимен кетип:

— Төйт жөжө шууга түшүп кетти. Мен алайды айдай албай шуй жыгылдым!— дедим.

Акем сыр бербейт. Ордунан козголуп койсо не!? Кебелбейт. Саамдан кийин:

— Үкөм, ал деген өрдөктүн жөжөлөрү.Кара тоок басып чыгарган. Жалпак тумшук жөжөлөр сууга чөкпөйт,-десе болобу. Аябай мыш болдум. Катуу уялганыман:

— Баайын кылган шенсиң! Шен болбогондо мындай жойук болбойт эле! — деп адыраң-дап барып иним Жанарга мурдум менен бир тийдим.Ыйлап калды. Ызама чыдабай мен дагы ыйладым. Тезирээк эле мектепке барсам экен.Тоок кайтаргандан кутулат элем деп ойлодум.

 

БЕЛЕК

Айдай байбиче ашканада чыз-пыз кылып, түшкү тамакка киришип жаткан. Капы— пысынан акырын жыла басып небереси Токсон кирип келди. Адеп сактап, жылмая мындай деди:

— Эне,чоң атам үйдөбү?

— Жогеле. Эрте менен тоого малга кетпеди беле. Ошондон бери келе элек.

— Чоң эне, анда чоң атамын араасы менен балтасын алып турсам болобу?

— Ээ, ботом, аны эмне кылат элең. Ээр чабасыңбы? — тамаша чалды.

— Жо-ок, чоң эне, азырынча жашыруун сыр. Кийин айтам.

— Алда өпкөмү чабайындар айа! Чоң атаңы тартып уста болот окшойсуң.Кур дегенде биринчи классты аякта. Анан сага чоң атаң өзү эле үйрөтөт устачылыкты. Ага чейин ашыкпа, колу-бутуңу кокустатып аласың. Балта дегениңен каралдым!

Айдай эне кабатырлана жооп узатты.Токсон ага деле болбой күйпөлөктөй берди.

— Чоң эне, алып турайын да. Биз Азим досум экөөбүз сонун нерсе жасамакчы элек.

Айдай эне небересин жалооруй карады. Анткени көп жалдыраткысы келбеди.

— Алсаң алчы,балам. Бирок этиет пайдалан, бир жериңи чаап алба!

— Макул энеке, этият урунам.

Токсон чыгып кеткен бойдон көпкө жоголду. Бир убакта күлүмсүрөй үйгө жайдары башбакты. Досу Азим экөөнүн тең мурду шенеңдеп , сүйүнүп алышыптыр. Артында жашырган буюму бар.

— Ээ, ботом, кайда жоголдуңар, бир паста.Түш ооп кетпедиби. Келгиле эми түштөнүп алгыла,—  байбиче дасторкон жайды.

— Чоң эне,—  экөө тең жарыша сүйлөдү,—  сизди туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Сизге чың ден соолук каалап, мобуну, бизден белек катары алып коюңуз.

Балдар таптаза кылып кырылган, жакшы тазалап сомдошкон, апакай бетине «Эне туулган күнүңүз менен!» — деген тарбайган жазуусу бар ыргай таякты кош колдоп сунушту. Чоң эне бир алдын эмне кылаарын билбей апкаарып, тайсалдай түштү. Бүгүн туулган күнү экени түк эсинен көтөрүлүп кетиптир.

— Ырахмат, айланайындар! Бутума бут, колума кол болдуңар. Ыраазымын. Адам болот деген ушу. Таягымы жоготуп ийдим эле. Жакшы кылбадыңарбы. Карыган киши таяксыз жүрө албайт экен. Ыйманыңар өссүн, кубаттарым!

Айдай эне маанайы жарык балдарды кубана бетинен «чоп-чоп» өптү.

 

КЫЗ ЖАНА ААРЫ

Жаздын толуп турган учуру.

Айланада көңүл эргиткен ажайып кооздук, каз-катар отургузулган бак-дарак, агарган тамдар көк шайы жамынган кыштактын ажарын ачат.

Сырттан соккон таңкы желаргы үлбүрөгөн парданы экиленте үйлөп, тоодон жонуна кондура келген жыпар — жытын бөлмөгө себелеп кетет. Арыбайт. Күндө аңкытып жыпарын чача берет, сагынып келе берет. Терезенин көзү дайыма ачык. Гүл жыттанган кенен бөлмөдө татынакай таанышы бар. Таанышынын аты — Бермет.

Ал — үйдүн куту, карынын эрмеги. Ширин тилдүү, дили таза, дилгир небере. Кызыл уйду бадага кошкон, бададан айдап келген да ушу кыз.

Таң жарбай ойгончу кыз көөшүлүп уйкуда. Бу сапар аны башка бирөө ойготту. Таттуу магдыраган кыздын кулагынын түбүндө ызылдаган аарынын үнүнөн көзүн ачты. Уйкулуу жүзүн ушалап ыргып турду. Көйнөгүн кийди. Бөлмөнү желдетти. Аарыны кызыга карады. Корунбады. Тийбеди. Тим койду. «Жүрө берсин» деди. Байкуш аары көрүнгөн нерсеге уруна берип жадаганда терезеге келип отурду.

— Байкушум, уча берип жададың окшойт. Эс ал. Кичине чыдай турсаң, мен сага бал алып келип берем. Курсагыңды тойгузам.

Бермет чыгып кетип, сыр кашыкка толо бал сузуп келди.

— Мынакей, кел бери! Менин кичинекей акылдуум, тартынбай жей бер ээ!

Балдын жытын алган аары муруттарын кымың-кымың бүлкүлдөтүп кызды эки айланып учту да, кашыкка түз эле келип конду. Тумшугун таттууга матырып , «бүлк-бүлк» сорду. Өзөгүн үзө тарткан ачкалыктын айынан курсагын кампайткан аары кулкунуна ашыкча толтурду. Кечээ адашып кирип келип, кайра чыгууга эшик таппай бөлмөдөн бөлмөнү кыдырып, суй жыгылган байкуш чыйралып барып, оорлошо түштү. Канатын канча сермесе да өөдө көтөрүлүүгө чамасы жетпеди. Кечээ түнөгүнө жете албай адашып калгандыгы үчүн айыбы чоң эле. Ошон үчүн кулкунуна эки эсе көп бал куйган. Ушунусу менен айыбын актагысы келди. Болбосо үй «желдети» оң-дурбайт. Төпөштөп коёт. Бала аары деп аябайт. Жамандыгына алса, кечээ түнөгүнө келбегендиги үчүн башы кетип калышы мүмкүн. Кантип кетиштин айласын таппай көзү тунарган аары кызды жалдырап карады.

— Аа, кичинекейим, мен сага түшүндүм. Ашыкча жүк канатыңы карыштырат. Кел, жардам берейин. Мына, колума отур.

Аары сыр кашыктын кыры аркылуу жөрмөлөп, сүйрөлгөн бутун Берметтин колуна койгондо, кыз күтүүсүздөн кыткылыктап жиберди. Кичинекей жаныбардын кыбыраган арымы күлкүсүн келтирип, тынымсыз кытыгылап жаткандай сезилди. Ууртун жыя албай кыткылыктаган Бермет аарыны терезеге алып барып койду. Сыдырым жел көңүлүн сергитип, чымыркана канат кергенде терезенин экинчи кырына араң илинди. Бир аз эс алып, күч жыйнаган аары жогору көтөрүлгөндө, баятан кызыга байкап турган Бермет сүйүнгөнүнөн кол чаап ийди. Ушунун баарын чоң энесине сүйүнчүлөйүн дегендей тышка ашыкты. «Байкушум, эптеп үйүнө жетип алса экен. Аман-эсен жетсе, кайра жолдошторун ээрчитип келээр бекен?» деп ойлоду..

Көп өтпөй чоң энесин бөлмөгө жетелеп кирген Берметтин үстүнөн бир аары тызылдап учуп, сыр кашыкка келип отурду. Кыз тааныды. Аары да кызды тааныгандай, аны алкагандай муруттарын тумшугуна жанып, канаттарын дирилдетти.

Бала аарынын соңунан учуп келишкен башкалары жеңил кирип, оор кайтып жатышты.

 

КЫЗ БУЛАК

Бул окуя тээ согуштан кийинки мезгилде болуп өтүптүр. Боронбай деген бал челекчи жылда Карашоро жайлоосуна чыкчу экен. Карыганча балалуу болбой жүрүп, элүүдөн ашканда коңшу айылдан Уулкан аттуу жесирге үйлөнөт. Ошо жесирден бир кыздуу болуп, атын Сайкал коёт. Сайкал кичинесинен эле зирек өсүптүр. Алты жашынан ат минип, жылкы кайрып, бал сүзгөн маалда ата-энесине жардам берет. «Чагып алат» деп коркпостон тепсендиде калган курт-кумурска, аарыны колуна кондуруп, жаан-чачын, мал-жандан оолак, бак-даракка чыгарып койчу тура. Көз жоосун алган ар түркүн гүлдөрдү сылап-сыйпап, өөп-жыттап, алар менен күнү бою чарчабастан сүйлөшө берчү дешет. Көк жашыл ак мөңгүлүү тоолорду, шаркырап, ак көбүк чачып аккан тоо суусун, кызыл-тазыл тоо гүлдөрүн жанындай көрчү. «Токой парандалари терип жесин» деп боз үйдөн ылдыйраак түзөңгө күндө жем чачып койгонун айтпайсыңбы. Жемге көнгөн канаттуулар да кыздан чочуп уча качышпастан, кайра аяк-биягына учуп-конуп, жакшы кабыл алышчу тура.

Атасы токойдон таап келген чаарчыгын кайда болбосун ээрчитип алчу. «Күндө үч маал упчу менен сүт берчү. Саябан бак-даракка, чөп-чарга, ар кандай жан-жаныбарга аяр мамиле кылчу. Ошон үчүн алар да Сайкалга мээримин чачып турчу» деп эске-керет апасы.

Атасы «Кызым эригип калбасын» деп эки күндүн биринде ат токуп, капчыгай өр-дөп, коңшу айылга тез-тез каттап, курбалдаш кыздары менен ойнотуп кайтчу. Апасынан сайма сайганды үйрөнүп, идиш-аяк жууганга, курут тоголоктоп, бээ саадырганга, кымыз бышып, каадалана жыгач кеселерге кымыз куйганга ашыгып турчу дешет. Атасы «Быйыл мектепке окуйсуң» деп китеп, калем сап сатып бергенден түйшүгү артат. Тамгаларды түгөл таанып, атасы «Кызым, бу кайсы тамга десе, бу алмага кетчү А тамга, бу тоого кетчү Т тамгасы» деп сүрөтүн кошо тартып көргөзчү тура.

Сайкал баарынан да чаарчыгын ээрчитип, булактын көзүнө барып таш казан ойногонду айрыкча жактырчу. А булактын көзүндөгү дүпүйгөн даракта ар дайым булбул сайрап турчу дейт. Булбул Сайкалдын келишине кубанып, ансайын күчөнүп ар дайым бал тилинен ыр тамып турган.

Ошондой күндөрдүн бир күнүндө булакка жөнөгөн Сайкал асманга көтөрүлгөн көк түтүндү көрүп калат. Куураган караган, тулаң чөптөр быкшып күйүп жатыптыр. Кыз буйдалбастан булактын көзүнөн суу сузуп, дүрт от алган жалынга бүркүп жатты. Ана өчүрөм, мына өчүрөм менен алек болуп жатып, кимдир бирөөнү жардамга чакырууну унутуп калды. Өрт тилсиз жоо эмеспи, кичине адамдын оозу менен бүркүп, колу менен кочуштап чачкан аракетин тоготпой бир заматта уюлгуган өрткө айланды.

Түтүнгө ууккан кыз ачышкан көздөрүн улам-улам ушалап, өзүнчө далбастай берди. Апакай көйнөгү дал-дал айрылып, бети-башы карала-торала болду. Күч алган тилсиз жоого өзү жеке туруштук бере алгыдай эмес. Өрүлгөн чачынын учтары саргайып күйүп, бөтөгөй колунун каруусу качты. Көк түтүн демин кыстыктырып, күчүн алды. Акыры бу аракетинен эч кандай майнап чыкпасын сезип, аябай алсыраган кыз булактын көзүнө бүк түшүп, катуу эчкирип ыйлап жиберди. Кыздын ыйлаганы кудайга жеттиби, а балким Улуу Теңир өзү жардамга келдиби, айтор, Сайкалдын муздак көз жашы булакты көбүртүп, ашып-ташып өрттү жалп өчүрөт.

Бул кезде тамекинин күлүн өчүрбөй куураган туланга таштаган жолоочу эч нерседен бейкапар кыр ашып кетиптир. Ушунан улам бул жер Кызбулак аталып, мазарга айланып калган. Кызбулак ушу азыр да бар. Өйдө-төмөн каттагандар: «Кыздын чаарчыгы ээсин жоктоп бакырып, булбул досу кызды жоктоп безеленгенин угуп зээниң кейийт» деп айтып калганын кулагым чалган.

Ошон үчүн Кызбулак ар дайым мупмуздак, айрыкча жаз айынын толуп турган убагында көбүрүп-жабырып, кыз жашындай ачуу агат. Жылдын ушу мезгилинде кыз Сайкал ак көйнөгүнүн үстүнө кызыл тукаба чыптамасын жараштыра кийип, ууртунан күлкү жанып, китебин көкүрөгүнө кысып, чаарчыгын ээрчитип булактын көзүнө бир келип кетет дешет. Эч өзгөрбөптүр. Кыз мурдагысындай эле татынакай, мээримдүү көрүнүп, наристе сезими таза бойдон калыптыр.

 

АКЫРКЫ АМАЛ

Картаң түлкү таң атпай айыл аралады. Көрүнгөн жерди тинтти, эптеп ысытыш үчүн ичти. Картайганын ушунан бил, бели бүкчүйүп көзүнөн шоросу куюлуп, тырмагы небак мокоптур. Кур дегенде чычкан кармап жей албай, башкаларга күлкү болуптур. Бир убактагы жылтыр жүнү таза тозуптур. Өмүрүнүн өтүп баратканын ойлоп азалуу кыңшыласа, тимеле, эт-жүрөгү эзилип кетип атканына көп күндөр толуптур.

Ошондуктанбы, таянган таягын араң сүйрөп айылдан айыл кыдырды, эшиктен эшик тартты. Иш болбосо кайыр сурап, сынап көрмөк болду качан эле чалмага түшкөн таалай-бакты. Айбанаттар сүйлөшүп алгансып короолорун ачпай кыжынып жатты. Сүлөөсүн, аюу жашы он талаа кайырчыны короолоруна жуутпай катуу капты. Кашкулак, коён Түкөнүн карааны көрүнгөндө эле эшиктерин шашыла жапты. Бир короодон экинчисине шашылып жүгүрүп, мүдүрүлүп атты. Саарлап жумуруна бирдеме илинбеген бечаранын кайраты аябай качты. Чарчап-чаалыкканда айылдан обочо турган, кооз кештеленип жасалган көк дарбазаны бар үмүтү менен какты. Капыл-тапыл кыйчылдатып Кашабаң чакыртпай келген конокко шашылыш эшик ачты.

— Кечиресиз, Кашабаң мырза! Салам айттык, алик алыңыз. Тынчыңызды алып койдум. Келген себебим, өзүмө ылайыктуу жумуш издеп жүрөм. Буламыктан башкасын көңүлүм чаппайт. Ошого жараша иш берсеңиз кызматыңызды кылайын, болбосо акырын жылайын,-дейт ачуулуу мырзанын сүрүнөн коркуп, көңүлүн таппай.

Кашабаң күттүрүп көпкө турбай, жообун берди, иш издегендин далысынан таптай.

— Садагасы, менде болбосо башкасында бар. Кечээ кошунам Балтек өзүнө «Жардамчы бирөө керек» деп жүргөнүн кулагым чалган. Ошого бар, мени айтты де. Анан бересиң кабар,-деп үйлөп ийсе жыгылчуудай илмийген Түкөнү каптайт— Жок, жоо-ок! Шашылба, сага кошулуп ортомчу болуп мен да барайын. Мага да бирдеме ашып калгысы бардыр, арр-р, ырр-р!-деп эски кошунасынын көңүлүн баптайт.

Түлкү ойлонбой Кашабаң айтканга жетип барды. Ошентип акыркы үмүтү Балтекте калды. Эшик кыйчылдап короого киргенде оозу ачылып, шилекейин чуурутуп кыңшылап алды. Анткени анда бөлөк-бөлөк тосмодо торопою чаңырып, козу-улагы маарап, табити тарткан түркүн түстөгү тоок, каз-өрдөгү жер тепкилеп шапар тээп жүрөт. Балапандарына эсеп жетпейт. Тимеле борбоюп баары семиз, чуркаган жери тегиз. Ичинен тиленди «Ушуларды жегиз!»-деп. Бет алдындагы көздөрүнүн нуру качкан, жүдөмүш Түлкүнү көрүп ит тукуму мыйыгынан жазыксыз күлдү, борсулдай үрдү.

— Ии, койкоңдогон алгырым! Тырмагың таарылып кайратың качкан экен. Буламыктан башкасы тамагыңан өтпөй таз кейпин кийип калыпсың. Деги сенин колуңан кандай иш келет?— деп аябай каарыптыр. Бирок Түкөнүн жообу Кашабаңга абдан жагыптыр.

— Жок дегенде каз-өрдөк тоокторго көз болсом...-деп бышыңдап ийет куу түлкү.

— Болбойт, алар сени угушпайт.

— А балапандарычы?!...

— Болбочу күлкү,… деп Балтек тескери бурулуп кетти. Ошондо оозунан олжоосун алдыргандай шашып кеткен түлкү, тез улады кепти.

— Бирок, Балтек баатыр, жок дегенде менден кожоюнуңузга сонун жака, ортомчудан жылуу талпак чыгарын унутпасаңыз экен,— деп акыркы амалына барды.

Жака, талпак дегенде Балтектин көздөрү өзгөчө жанды. «Макул» деп ийгенин өзү да сезбей калды, короонун топ ачкычын көздөрүнөн шоросу кулаган экөөнө таштап кетип калды. Короонун топ ачкычы колго тийгенде экөө тең сүйүнгөндөн куйруктарын өзгөчө бултаңдатып… бултаңдатып алды.

— Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин деген ушу, Кашабаң төрө. Арийне, чырак өзүн жагып, айланасын жарык кылыптыр,-деди түлкү кытмыр жылмайып.-Биз да ошо сөздүн курмандыгы болдук сыңары… Андыктан ишти тезарада балапандардан баштайлы, эч биринен аянбайлы. Жаш келсе ишке, кары келсе ашка деген акылман кеп бар эзелтен, андан качпайлы.

Ошентип күн алыс чырылдаган торопою, козу-улагы изин таптырбай жоголуп жатты. Көзгө сүйкүм куш баласы киши колдуу болуп, кожоюну оголе убайым тартты. Кожоюндан тил угуп, шашма Балтектин иши жүрүшпөй, көөнү оңолбой, күндөн-күнгө кайгыга батты. Бирөөгө кайгы болсо, бирөөгө күлкү дегендей, күндө ооздору майланышып түлкү менен карышкырдын иши аябай жүрүштү. Укпаган жандык, кушту каалагандай тамактап «абдан» күйүштү. Жогдор жүндөрү жылтырап, өңдөрүнө чыкты. Жаш эт «сиңимдүү» деп кулкундарына тоок-өрдөктүн жөжөлөрүн аябай тыкты.

Балтек акылына кеч келди. Ойлоп көрсө ит тукуму карышкырга кой кайтарткан тура. Кеч да болсо Балтек төрө кайратын кайрап, борсулдап үрдү, түнү-күнү ачуулуу жүрдү. Күнөөлүүлөрдү көргөндө каардуу күлдү. Кыңшыласа боор ачыгандай кулпунган түлкүнүн терисин тескери сыйрып жака кылды, бөрүнүн талпагын ташка жайды, бүтүрүп чырды. Ошентип күндөн-күнгө бирден кемиген торопой, козу-улактын, тоок, каз-өрдөктүн санын сактап, жаны аман калды. Кожоюнун сонун жакалуу, жылуу талпактуу кылган кыйындыгынан Бөрүбасар деген атка конду. Кийин энчилеп алыптыр, тигилер жетебиз деп жетпей калган таалай-бакты.

30-апрель, 2007-ж.

 

АЯЗ АТА КАЕРДЕ ЖАШАЙТ?

Кайсы бир өткөн заманда ак сакалчан аяз кишилер көктөн түшүп, жер шарынын эң бир суук чеги-түндүк уюлга туруп калышат. Коломтодон от үзүлбөй, күндөрү куунак өтөт. Аңгеме дүкөн куруп, жашоодон ырахат алгандан башка пайдалуу эч бир жумуш кылышпаптыр. Алтургай ал жөнүндө ойлоруна да алышпаптыр. Кештеленген кызыл өтүк, кызыл тебетей, кызыл узун чапан улуган бороондон, сөөк какшаткан сууктан сактайт. Аяз кишилер үргүлжү эркектерден тургандыктан, баары түгөл акбубак сакалчан болуптур.

Билинбей ортодон айлар өтөт, жылдар жылат. Аяз кишилер мурдагыдай болбой ал-күчтөн тайып, дарманы кете баштайт. Ошондо аяз кишилердин улукманы Аяз карыя от боюнда отурганда “Журт которуп, пайдалуу бирдеме кылуу керек” деп сарсанаа сырын ортого салат. Улукман карыянын оюн айттырбай билген Чилде балбан көпчүлүктүн атынан унчуккан тейде суроо узатты.

Урматтуу Улукман Аяз, сиздин оюңузча биз кай жерге барып байыр алышыбыз керек?

Албетте, бу суроо одоно угулбаганы менен жөнөкөй суроолордон эмес эле. Ошондуктан Улукман Аяз аса муса таягын олуттуу силкип, санааркаткан кебин сыдыргыга салгандай сыдыра баяндады.

— О, кагылайын калкым! Мен мындай чечимге келгенче көп толгондум. Саресеп салсам, буерге келгенибизден бери итабар убакыт өтүптүр. Минтип күн кечкирте берсек, кудай ыроологон касиет-күчүбүздөн айрылып калабыз. Андыктан журт которолу, сооп иш кылалы. Ошол жер дүйнө калкына кубаныч тартуулаган түбөлүктүү турагыбыз, сүйгөн мекенибиз болуп калсын! Ошондо биз бу жалган дүйнөгө келген вазийпабызды туура өткөргөн болобуз. Мындай сунушка не дейсиздер, менин кымбаттуу боордошторум!.

Дымып турган көпчүлүктүн таман астындагы кар качырай түштү. Бүйрү кызыткан талаш-тартыштын арааны ачылгандай болду. Мекен көйгөйү бири-бирин каратты, терең ойго батырды.

— Бу не деген шумдук! Өзүбүз аязда төрөлүп, аязда торолгон аяз кишилер болсок, дагы эмненин башын кылтыйтып жатасыз? Мага ушул жер бейиш өңдөнөт. Ошондуктан мен буерден жылбайм!— деп Тоңголок карыя өз оюн “балп” эттире айтып салды.

— Тоңголок карыя туура айтат. Дагы кайда тентийбиз. Көнгөн жайыбыз эле жакшы. Топтон суурулган Үшүк карыя акбубак баскан аксакалдарга ушинтип кызаңдап алды. Көпчүлүк эмеспи, жаман-жакшы, өйдө-төмөн сөз болду.

— Өзгөрүүнү каалабагандар, өсүүнү каалабаганыңар. Улукман карыя, сиз жогоруда уккан сөздөргө терикпей эле коюңуз. Касиет-күчүбүздү, аруу тилек үмүтүбүздү адамдардын жакшылыгына ыроолойлу дегендин эмнеси жаман. Ошондуктан Улукман карыянын пикирин аягына чейин угалы. Тынчтангыла! — Карбубак карыя күрү-күүнү тынчтандырып, колун көтөрдү. Улукман карыя жардагандарды сыдыра карады.

— Боордоштор, мындан аркы вазийпабыз адамзаттын жакшылыгы үчүн. Ушуну түшүнүп койгула. Ал биздин аткарчу парзыбыз. Антпесек өзүбүзгө кыйын болот. Биз аязбыз дебеле көк муздай көгөрүп отура берсек, бу жалган дүйнөгө келгенибиздин пайдасы не? Андыктан жыл жаңырар маалда бир жолу жер энебиздин балдарынын мүдөө-максатын, каалоо-тилегин орундатуу салтын кийирели. Ошол күн арча майрамына айлансын, балдар кубанычка бөлөнгөн күн болсун! Себеби балдардын күлкүсүн угуудан, ар бир үйбүлөнүн сый коногу болуудан артык эмне бар. Ушундай маңдайыбызга жазылган бактылуулуктан баш тартууга болобу? Болбойт, мүмкүн эмес. Антип ойлоого акыбыз да жок.

Ишенимдүү айтылган кеп көңүл жибитти, жүрөккө жетти. Көбү жүрөгүндө калчаган ойду жактырып, аны жүзөгө ашырууга кам ургандай кыймылга келди.

— Туура сөздө тууган жок. Сиз айткандай балдардын сыйлуу коногу болуудан өткөн сыймык барбы. Ошон үчүн да алардан аянбайлы!

— Көпчүлүк киришкен иш ак болот. Чогуу чаран аракеттенели,— дешти туш-туштан.

— Канаке, Улукман Аяз жол баштаңыз. Кийинки байырлоочу жайыбыз кандай болот, баарыбызга белгисиз. Ошого азыртан даярдык көрөлү,— деди Бороон карыя дилгирлигин билгизип.

— Туура айтасың, Бороон карыя. Убакытты коротпойлу. Ишке киришели. Жолоочунун жолдо болгону жакшы. Шамал баатыр, сен Бороон, Карбубак, Ызгаар аксакалдарды алып алдыга жөнө. Биз мекен кылчу жердин кандай болоору ошол жердин шартына, элинин мамилесине байланыштуу. Албетте, чечим кабыл алуу бизден. Эгер туура чечим кабыл алсак, мекенибиз ошол жер болот. Ошол жерден туруп бүт жер жүзүн шаңга бөлөйбүз. Сапарыбыз узак жана татаал болот. Түйшүктү көп тартабыз. Ошондуктан кыйыры көрүнгөн мейкинге чана даярдап, бугуну чеккиле! Адыр-тоолорго топоз жаныбар, а чөлгө төө ылайыктуу. Эми, саякат-сапарыбызга аттаналы! Жолубуз шыдыр, жолдошубуз кыдыр болсун!

Аяз карыя салабаттуу кадам шилтеп, чанага отурду. Башкы коңгуроо кагылды.

Башынан аягы көрүнбөгөн Аяз көчү “дүр” ордунан козголду. Жол күн өткөн сайын арбыды. Коңгуроолор “шыңгыр-шыңгыр” үн алышып, бугу тарткан чана кербени убай-чубай мелтиреген уюлду басып өтүп, деңиз толкуну урчуктуу таштарга урунган жалама аскалуу Лапландия өлкөсүнө кирип келди. Ошол жерден жыл жаңырып, биринчи жолу жер эненин балдарын кызуу куттукташты. Түркүн түстөгү, ар кандай көлөмдөгү кутучаларга салынган белектерди таркатышты. Аяз кишилердин кызматы балдарга аябай жаккандыктан Лапландияда көпкө туруп калышты. Ошол жерде туруп жер кезишти. Кайсы улут кандай кабыл алса, ошондой атка конушту. Кайсы бири Дедушка Мороз дешсе, экинчиси Санта Клаус, үчүнчүсү Аяз аталап чакырышты. Ким кандай атабасын алардын мээримине бөлөнбөгөн бир да эл, бир да улут калбады.

Майрам күндөр жөнөкөй күндөргө алмашканда убай-чубай жөнөгөн Жыл кербени түндү түн, күндү күн дебей саякатта болушту. Жерден жер, өлкөдөн өлкө калтырбай кыдырышты. Күндүз булуттун үстү, түнкүсүн жымыңдаган жылдыздардын жарыгы менен жүрүп олтурушту. Ошентип, кезек төөлөргө жетип, төөлөргө артынган Жыл көчү кийинки балаты майрамын Африкада өткөрүштү. Кара континенттин балдарынын каалоо-тилегин орундатты. Куму эшилген чөлүнүн суусун кандырды.

Көч кайрадан жолго чыкты. Эми Африкадан Америкага, Америкадан Австралияга, аяктан Евразия материгине тизгин бурушту. Аяз кишилерди бардык жерде салтанаттуу тосуп алып жатышты. Балдар менен жолугуу адаты көбүн сүйүнттү, бара-бара салттуу аземге айланды. Балатыны оюнчуктар менен кооздоо салты кирди. Жыл өткөн сайын күчү артты, ийгиликтен ийгилик жаратты.

Ошондой жылдардын бир күндөрүндө Индия, Кытай мамлекеттерин басып өтүп, адаттагыдай булут аралап, сызып келаткан аксакалдар кербени көк челип, шаңкайып турган кыркаар тоолорго келип такалды. Аяз кишилер жылгасында аюу, илбирс, кийик, аркар-кулжасы жайнаган тоолуу өрөөндүн аягына да, биягына да үңүлүштү. Кай жагынан, кай тарабынан карабасын көк тиреген аска-зоолуу чөлкөм көргөндүн көз жоосун алгандай керемет көрүндү. Учтуу чокуларын ак кар, көк муз каптаган, көкүрөк-көөдөнүндө көк майсаң тулаң, жыпар жыттуу гүлдөр жайнаган, аптабы бышырган эгин талаасына көктөн туруп көз чаптырган Улукман Аяздын ууртуна күлкү конду. Ичинен издегенин тапкандай жаш балача кудуңдап, итабар чубалган Жыл көчүн “Токтогула!” дегендей ишаарат кылды.

— Шамал баатырды чакыргыла.! Кайсы жерге келип калдык, билип келсин.

Аяз карыя буйругун берип коюп, ыраакка серепчилей сырдуу тигилди. Шамал баатырдын кулагы бардык жерде эмеспи. Күттүрбөй бат эле жетип келди.

— Улукман карыя, буер байыртан байырлап келген кыргыздардын турагы. Кыргыздардын улуу ханы Айкөл Манас өзү атаган Кара— кулжа өрөөнү. Кыргыз Алатоосунун башаты ушул жерден созулуп кетет. Тээ тиякты карасаңыз! Чокусу булут аралаган бийиктикте аң уулап жүргөн кыз менен баланын кийгендери да биздикиндей кызыл чапан, кызыл чыптама экен. Ал эми түздөгү эркектердин башында бийик чокуларды элестеткен ак калпак, байбичелеринде ак элечек, кыздарында ай тегерек үкүлүү шөкүлө, балдарында тегерек такыя. Кыргыздар өздөрүн күндүн балдарыбыз деп аташкан эл.

— Карасаңар, карасаңар! Тээтиги тоо борундагы уюлдун карындай аппак кылкылдаган кыргыз үйлөрдү! Аркы түзөңдө жоон топ эркек ордо атып жатышат. Балдары жоолук таштамай ойноп, аялдары чимирилтип ийик ийрип, шырдак шырып атышат, -деп Чилде балбан сүйүнүчүн жашыра албай, шашкалактай кол жаңсады.

— Алардын ордо атканы да кызык. Алгач тапандап тегерек чийин чийип алышат. Так ортосун бырбыр атап, хан тигишип, айланасына түркүн боектогу чүкөлөрдү тизип алып домпой менен чоң чийинден чыгара аткан өнөрлөрү өзгөчө көрүнүш,— деген Шамал баатырдын баяны дагы бир жолу Улукман Аяздын күдүктөнгөн оюн ырастагандай болду. Ойлогон элге, көксөгөн жерге келип калдымбы деген күсөөсү көөдөн жарды.

— Кыргыздар жаралгандан жердин тоголок экендигин билишкен эл. Аны ырастаган мисалдын бир тобун Шамал баатыр менен Чилде балбан сонун баяндашты. Карап көрсөңөр алардын шырдагынан, кештелеринен, оймолорунан жер элесин, жер огун, жер ортосун табууга болот. Кыргыз үйдүн түндүгүндө эле канча сыр жатат. Кыргыз үйдү— кыргыз үй кылып кармап турган— борбору анын түндүк алдындагы от жагылчу коломтосунун вазийпасы андан бешбетер сырдуу. Демек, жер ортосу кыргыз өлкөсү. Биз көптөн бери издеген жерибизди таптык, туугандар. Жыл көчүнүн тизгинин тарткыла! Жүктү түшүрүп, жерге казык каккыла! — деди Улукман Аяз карыя өктөм унчугуп.  — Биз эми күн балдары менен мекендеш жашоого кам урушубуз керек. Алар өз жери менен кандай сыймыктанышса, биз да ошондой сыймыкты туу тутууга милдеттүүбүз!

Аңгыча туш-туштан Улукман карыянын чечимин колдогон шаңдуу үндөр чокуларда жаңырды.

— Бах! Көз тайгылткан керемет көркүн карагылачы, чиркин!

— Көк тиреген — Алатоосун, жер бермети — Ысык-көлүн!

— Жер шары сопсонун, бирок баардыгынан ушуер сонун өңдөнөт, чиркин! Тимеле, суктангандан сулуулугун сугунуп ийчүүдөй кооздугун, чиркин!

Боордошторунун ушундай суктануусунан, колдоосунан кийин Улукман Аяз жөн тура албады. Дароо бүтүм чыгарды.

— Урматтуу калкым, кудаанын көңүлү түшкөн жер — кыргыз өлкөсү, кыргыз мекени болсо, бүгүнтөп баштап кыргыз мекени, кыргыз өлкөсү — биздин өлкө, биздин мекен! Биз ал мекенибизди суук колдон сактап, эли жерин даңктоого тийишпиз. Ушул мекенде туруп, дүйнө балдарын балаты майрамдары менен куттуктоого жол тартабыз. Анткени буер — жер ортосу, жер чокусу. Ушуерден ааламдын кайсы кыйыры болбосун бир мезгилде, бир убакта жетип барууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жаңы конушуңар кут болсун, урматтуу калкым!

— Болсун, болсун! Конушубуз майлуу-сүттүү болсун! –дешти аяз кишилер бири-бирин кызуу куттуктап. Аңгыча Шамал баатыр аң уулап жүргөн кыз-баланы ээрчитип жетип келди. Күн балдары колдорун бооруна алып, салам айтышты. “Бу бизден шыралга” деп эки улар, эки кыргоолду аксакалдардын алдына ташташты.

— Бали! Шыралгаңарга ырахмат, балдарым! Ырахмат, кана, сүйлөй отургула. Атыңар ким, кайсы элденсиңер?

Аяз карыя балдарга дитин буруп, кеп учугун чубап койду.

— Менин атым Барсбек. А бу кызды биз Аяз кыз деп коебуз. Себеби эч бир суукту тоотуп койбойт. Өз аты Алтынчач. Өзүбүз тоолору асман мелжиген, кокту-колоту, капчыгай төрү айбанат-илбээсиндерге, арча, карагай, кайыңга толгон, суусу мол, көлүндө каз өрдөгү, аккуусу чардаган, бир учурда жылдын төрт мезгилин көргөн кыргыз улутунанбыз. Сиздер биздин жерге токтоп туура кылдыңыздар. Анткени жер үстүндө бейиш болсо, кыргыз жери — ошо бейиштен нак өзү. Куш келипсиздер, бейиш төрүнө, урматтуу аксакалдар !

Балдар кайрадан таазим этишти. Жылуу кеп жүрөк туйлатты. Айрыкча Аяз кыз-Алтынчачтын элеси аксакал кишилердин сезимин бир башкача бийледи. Анткени кыргыз кызынын жолугуусунан улам балаты майрамында көкүрөк толтоолорунда жетишпеген бир боштугу, бир өксүгү табылгандай сүйүнүштү.

— Баракелде балдарым, баарыбызга тең болсун! Бирок кыйналып тапкан олжоңорду шыралгага таратып ийгениңер кандай?

— Ал биздин байыртадан кыла келген салтыбыз,—  деди Алтынчач колун бооруна алып. Кудаа бергенге берет. Андыктан ак эмгегибиз менен тапкан олжобузду ак дилибизден тартууладык. Алып коеңуздар.

— Ак сөз, ак сөз. Эмне унааңар жок беле? Чарчаган түрүңөр бар.

— Бар болчу,— Барсбек ойлуу телмирди. – Өткөн айда ою жаман жанкечтилер жайыттан сүрүп кетишиптир.

Эчтеке эмес, жоголгон нерсенин орду толот балам.

— Айтканыңыз келсин, Аяз ата! Бизде “Ат — адамдын канаты” деген сөз бар. Ошондонбу, күлүктөрүбүздөн айрылып, канатыбыз кайрылгандай болуп турат.

— Кайрылган канаттын жараты бүтөт. Силерде “Уул-урмат, кыз— кымбат” деген да сонун макал бар эмеспи. Анын сыңарындай Алтынчач аттуу Аяз кыз, эми биздин ырыска шерик бол, кызым. Анткени, аялзат жандын жартысы. Ал үчүн жаныбыздан жан, каныбыздан кан бөлүшсөк аз болоор. Акыйкатта, сага окшогон кыз биздин жамаатка жетишпей жаткан. Эми биз аруу жан дүйнөңө, өң турпатыңа, кийген кийимиңе окшогон кызды ар жылы майрамдалчу балаты майрамына жандооч кылып алабыз. Ошондо сен биз аткарган ак кызматтын күбөсү, дүйнө балдарынын дилин агарткан, рухун тазарткан, жан дүйнөсүн байыткан тумары, Аяз кызы болосуң. Аяз ата, Аяз кыз деген ат кулакка кандай жагымдуу угулат...

— Оо, Аяз ата, чоң ишеним арттыңыз. Миң мертебе ырахмат. Кыргыз кызынын өңүндөй Аяз кыз дүйнө кыдырып жүргөндөн өткөн бактылуулук жок. Бизди аябай кубантып койдуңуз.

— Ырыска шерик бол деген сөзүмдүн мааниси ушунда, кызым. Кудайым бизге жолуктурган сага да ыраазыбыз, Алтынчач – Аяз кыз,кызым! Силерди дайыма ийгилик коштоп жүрсүн! Меймандостугуңарга дагы бир жолу чоң ырахмат! Ар дайым бар болгула!

— Айтканыңар келсин, Аяз ата! Эми ылаажы болсо биз кайталы,— деди Алтынчач нур чачып.

— О, албетте, албетте! Ак жолуңар ачылсын! Көрүшкөнчө бакубат болгула!— деп Аяз карыя узатып кала берди.

Барсбек менен Алтынчач-Аяз кыз аз бастыбы, көп бастыбы бир оокумда кылчайып артын карашса, эмелеки ашуу толо күжүлдөгөн кербендин изи да калбай көздөн кайым болуптур. Үйгө жакындаганда көк жайыкта жылкыларга кошулуп оюн салып жүргөн Барсбектин сур күлүгү менен Алтынчачтын боз жоргосу кичинекей ээлерин кубанта тосуп алды. Ошондо аларга ашууда Кызыр — Аяз ата жолукканы айкын болду.

Арийне, ошол күндөн Кызыр — Аяз ата ыйыктын ыйыгы, бийиктин бийиги саналган кыргыз Алатоосун түбөлүк мекендеп, алатоолук болуп калгандыгын анда алар кайдан туюшсун да, кайдан билишсин. Кийин билишти. Анткени чексиз ааламдын төрт тарабынан көрүнгөн Алатоонун бийиктиги аркылуу дүйнө балдарына көз салып турган Улукман Аяз атанын ыйык деми, кудурет— күчү, улуу касиети Барсбек менен Алтынчач өңдүү келечек ээлерин ар дайым эстеп, ар качан колдоп жүрдү.

Аяз ата ааламды Аяз кыз менен кыдыруу салты да алгачкы жолу кыргыз Алатоосунан из алганынын өзү эле кандай керемет, үлкөн сыймык. Бу жаңылыктын кудурет күчү дүйнө балдарынын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып, кыргыз өңүндөй кулпунган Аяз кыздын мээрим төгүп турушу элинин жанда жок меймандостугунан, табиятынын көз тайгылткан кооздугунан. Ал демилге кыргыз жергесинен кандай из алса, ушу азыркы күнгө чейин туура салтынан жазбай келаткандыгын элинин, жеринин улуулугу менен гана салыштырууга болот. Анан калса дүйнө аалымдары Аяз кишилердин бүтүмүнө ынанып Санта Клаустун мекени катары Кыргызстанды кабыл алып, кыргыз өлкөсүн атаганы эл аралык чоң аброй эмеспи.

Ошондуктан “Аяз ата — Санта Клаус кай жерде, кайсы өлкөдө жашайт?! “ деген дүйнө балдарынын суроосуна кыргызстандык кыз-балдар көз ирмемге буйдалбастан дароо “Кыргыз Алатоосунда жашайт. Санта Клаустун мекени, өлкөсү — Кыргызстан” деп бир ооздон ааламга жар салышкандыктары да ошондон.

Чынында ошондой эмеспи. Ишенбесеңер бир кайрылып өткүлө! Биз силерге Санта Клаустун жашаган кыргыз Алатоосун көрсөтөбүз. Анткени, Аяз ата — Санта Клаус ар дайым биз менен!

12-декабрь, 2007-жыл.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Осмонкулов Ж.А., 2008. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 5618