Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Осмонкулов Ж.А., 2002. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 10-марты

Жапарали Адашканович ОСМОНКУЛОВ

Өмүрдүн көз ирмемдери

(Эссе)

Жазуучунун бу жыйнагына жүрөктүн түпкүрүнөн оргуп чыккан Ата-Журт менен Теңирчиликти, ишеним менен суйууну, өмүр менен өлүмдү, жарык менен карангылыкты күүгө салган философиялык, социалдык-нравалык мүнөздөгү эсселери кирди. Автор китепке сүрөөнчү болгондорго чын жүрөгүнөн ыраазычылыгын билдирет

Осмонкулов Ж. А. Өмүрдүн көз ирмемдери. – Б.: Бийиктик, 2002. — 192 6. китибинен алынды
ББК 84. Ки 7-4 
0-72
ISBN 9967-21-360-4
О 470230000-02

 

Желкеңен муздак тер чыгара жалаңдаган кылычтын мизинен жаның көзүңө көрүнүп, кан жыттанып турса да ажалга тик караткан учур болот. Алдын ала сен аны сезбейсиң да туйбасың. Учуру келгенде ал итке минген кедей, мамлекет башкарган падыша, айбалтасын көтөргөн баш кесер, же мусапыр жолоочу болобу бир убакта анын амирине баш ийбей койбойт. Ал мага, сага окшогондорго жол көрсөткөн, рухий тирөөч болгон, кыйынчылык түшкөндө демиңе-дем, шыгыңа–шык кошкон улуу күч. Көзү азизди көргөзүп, буту шалды бастырып, тоону омкорткон ал кандай күч дебеңиз? Ал-Ишеним. Ал сенин улуу башталыштарга шыктандырган келечегиңдин келечеги, тагдырыңдын бактысы, жан дүйнөңдүн ачкычы, жашооңдун көрөр көзү. Ансыз сен эчтеме эмессиң. Анткени бу жалган дүйнөдө адамдын ишенимсиз жашоосу кыйын. Ошондуктан ал пенденин эң күчтүү куралы болуп калууга тийиш.

* * *

Кичине чагыбызда бат-бат эле келе берген кой кезүүдөн өткөн тозок жок болчу. Себеби ошол күнү мектепке барбай мугалимдерден тил укчубуз, чүкө ойнобой калчубуз. Кечке чарчаганыңы айт. Курсагың да ачат. Ошондо иниме:

– Апам бүгүн палоо жасайт. Өткөндө манты жегенбиз. Ишенбесең барганда көрөсүң,— дечүмүн.

Анан мурдума куурулган эттин жыты келчү. Шилекей чууруганда күн качан батат деп көктү карай берчүбүз. Аныбыз да бирөө аркандап койгонсуп ордунан жылбайт. Же батып кетпей өчөшкөнсүп төбөдө асылып турса тим турабызбы, күндү көздөй таш чуурутабыз. Жакыныраак болсун деп бийик чокуга чыгып алганыбызды кантесиң. Жадеп чарчаганда:

— Бүгүн күн батпай койсо кантебиз? -иними сынагансып сөз таштайм.

— Кезүү бизге келгенде ошентип калабы? –деп чынбүтүп, кадимкидей каңырыгы түтөп, “шуу”, тарткан мурдун жеңи менен “шуу” аарчып, качкан койду тосо албай он ыйлап, он сооронот.

Качан гана күн Төөчүдөн ары чөккөндө кубанчыбыз койнубузга сыйбай койлорду айдап жөнөйбүз. Үйгө келсек апам чын эле палоо жасап аткан болот. Анан “Кантип билип алдың?”–дегендерге “Курсагыңар ачканда көрөт элем”–деп ичимен мулуюп коем.

Бирок кой кезүү бир күнү айланып келээрин ойлогондо заманам куурулуп кетчү. Анткени ал күнү күндө эрте батчу күн бирөө сыйкырлап койгонсуп уясына кире качпай көктө асылып, биздин мазебизди алаарын билчүмүн.

* * *

Кудайым неге шамал менен тең жарышкан тулпар менен асман мелжиген тоолордо шаңшыган бүркүттүн өмүрүн кыска, а кыбыраган ташбака менен тарп аңдыган кузгундун өмүрүн узун кылып койгон. Ал жакшыны–тулпар менен бүркүткө, жаманды–ташбака менен кузгунга теңөө үчүн гана эмес, бу дүйнөдө бир келген өмүрдү башкаларга үлгү боло тургандай жашап өтүүнүн улуулугун, кымбаттыгын, таттуулугун сезүүнүн өзү канчалык бактылуулук экендигинде да. Кыбырап, сасыган тарп менен азыктанып эки кылым жашап өткөнчө, шамалдай сызып, ак чокулуу тоолордо чейрек кылым өмүр сүргөнүң жакшы эмеспи.

Арийне, жараткан кимге кандай жашоо тартуулайт, ырыскы бөлүштүрөт, нурун чачат өз эрки. А сенин адамдык парзың бир келген өмүрдү, берилген жашоону бейиштегидей мыкты жашап өтүү. Антпесең ташбакага же кузгунга окшоп калган адамдыгыңдан не пайда?

* * *

Турсам кар борошолоп жаап атыптыр. Сыртты карап ичиркендим. Таласка командировкага бармакмын. Жол киресин алдын ала төлөп, анча-мынча жүктү салып койгом. Автобекеттен жолукмакпыз. Бороон болуп жатса жолго чыкмак беле деген чолок ойго алдырып, кайра жатып алдым. Тилекке каршы, таксист бороон–чапкынга карабай жөнөй бериптир. Шаардан чыккан изи бар да өзү жок. Шашылган жолоочуларды шыкаган экен, ошо бойдон дайынсыз. Айдоочусу же жолоочусу табылбай жыл айланып кетти. Ошондо ойлонуп жүрбөйүмбү “барбай калып калганым жакшы болгон экен. Болбосо мен да тигилерге кошулуп жоголуп кетмек экемин” деп.

* * *

– Уялбайсызбы, жаш болбосоңуз?

Албетте ушу сөздөн кийин чындап уялып кетем. Өзүмдү күзгүдөн карайм. Чачты ак бубак, бетти жөргөмүштүн желеси баскан. Кыймыл ташбакадай жайлаган. Оюнга тойбой күндү күн, түндү түн дебей өткөргөн күндөрдүн мизи кайткан. Ага карабай табияттын сулуу жаз айында маралдай керилген кыз–келиндердин делебени козгогон кылыгын көрүп бүкүрөйгөн белим түзөлө, уюган каным дүргүй, өчкөн каректин учкуну тутана түшөт. Кылыктанган ак жуумал келинди сыга кучактап, алкымынан жыттап, чучугума чейин тердеп, махабат лаззатына баткым келип кетет. Кудум түпкүрдөн атып чыккан жаш булактын көзүндөй чыңалууну сезем. Жүрөгүм болуп көрбөгөндөй шаңданып алат. Ал кубанганы. Курагым картайса да жүрөгүм жаш, сүйүүгө орун бар дегени. Анан шаштырганычы! Ооз ачсам эле күүдөн небак калган кемпирим жанына жолотпойт. Урушат. Балдарым уят дешсе, жоролорум көз көрүнө шылдыңдашат. Шылдыңды көтөрө албай жүрөк кургур быкшыйт. Арадан көз ирмем убакыт өтпөй, карыса да бир койлук алы бар байкушум текеберлигин унутуп, сүйүүгө жык толгон кургурум алып–учуп жылаңайлак тызылдап чуркап калганда, табиятынан шашылып көрбөгөн тартынчаак мүнөзүм салабатын жазбай, жүлүнгө от чачат. Сулууга тамызгы таштайт. Сүйүүгө чөмүлгүсү келет. Сүйүү гана жашоого шаң кошорун, ансыз адам өлүк жанга айланаарын билет. Ошону а деп ооз ачканда эле тузагын тартып, капканын чаптырган, эс-акылы желин түрткүлөгөн музоого окшоп жипке байланган макулуктар билбей жатпайбы. Эх, сексендеги сексеңдеген абышканы түшүнгөн селки болсо гана? Бүт өмүрүмү берет элем. Аттиң, ушинтип Сексенбай төрөлбөй калабы?

* * *

Жайлоонун кечки салкынында көк уюн жоктогон коңшубуз Саламат эженин “Мусалаган” үнү алда кайда жаңырат. Же анысы табылсачы? Кокуйлаган коңшу баш-аягын жыйганча Мусасы көк уйду байлап койдум деп келет. Көңүлү тынчыган эже уйдун желинин кармаганда эле чалкасынан кетет. Кунажындын челек толбогон сүтү төгүлөт. Жини кайнайт. Бирөөнү издегенсийт.

— Олдо жубарымбек ай, күйгүзүп бүттү. Жатак-мектептин тарбиясы курусун, баланы нес кылып коет тура. Оо, Муса!

Кокуйлаган коңшу уй деп көк буканы байлап койгондун сазайын бергиси кычайт. Көр жемеге алат. Же анысы тоотуп койсочу. Келжектеп ары басат. Убакыт закымдайт. Коңшунун кокую чыйылдап барып басылганда Ак–Таштын ичи дымый түшөт. Ошондо кечки саан бүттү дей бер.

* * *

Апам мени сагынганда түш көрөт да жол карай баштайт. Шаарда жүрүп бозоргон уулун серепчилеп жолдон күтүп алгысы келет. Ошо кезде мен да бир ордумда туралбай кыйпычыктап, айылга жөнөйбүз деп кам уруп калам. Апамы сагынганымы, шаардан чарчаганымы сезем. Балдарымы шаштырам. Алар сурашат:

— Эмне, чоң энем түш көрүптүрбү?

– Ооба, -дейм, көз алдыма жыландын ача тилиндей ийрелеңдеген жол азабы тартылып.

Жолго чыгабыз. Көздөгөн жерге бир түн өткөрүп чаалыгып келген мен апамын кучагына тартылам.

– Апа, мен келдим. Кандайсыз, жакшы турасызбы?

– Алдыңа кетейин, келип калдыңбы? Мен билгем келээриңди, түш көргөм.

— Чоң эне, биз да келдик, жакшы турасызбы? -балдарым учурашат.

– Ботом, булар кимдер эле? –неберелерин тааныбай бүшүркөйт.

– Апа, менин балдарым эмеспи.

– Ай, кокуй күн, карылык... Мен куруюн, өпкөмү чабайындар, тааныбай калганымы карачы. Келгиле,– биринин артынан бирин жыттайт. Көкүрөгүнө кысат.

– Ыя, апа, сагынганда түш көргөн жакшы ээ?

– Эмне, сен дагы мени көрдүңбү?

– Ооба, –эзиле апама ыктайм.

– Карыганда ошентип жакын адамыңдын карааны бейиш болуп көрүнөт. Тез–тез кабарлашып, катташып турбасаңар жакындыгың не?

Баш ийкейм. Бала ар качан ата конушунда, эне кучагында жүрүүнү самаганы менен түбүң түшкүр куу дүйнө найза. Найза дегеним ар ким өз ырыскысын таап жеп, өмүр улаганы кетишет тура. Ошон үчүн ата–энең турган жер бейиш көрүнөт. Кээде ошо кыйкырсаң үнүң, карасаң көзүң жеткен бейиштин төрүнө барууга көр оокаттын айынан чолоң тийбей күн кечкиртип жатканыңы ойлосоң аргасыз бетиң кызыл чок боло түшөт. Турмуш ушунусу менен кызык ээ.

* * *

Гүлдөн гүл тандап, сайран куруп жүргөн ажайып көпөлөктөрдү көрдүңүз беле? Көрсөңүз ошо макулуктардын жоругун адам жүрөнөөк, ычкыры бош немелерге салыштырат. Тирүүлүк күсөгөн жыргалга алар кандай азап менен жетээрин этибар алышпай туруксуз дешет.

Арийне, кудайым аларды алгач жаратканда ыраңы суук жылдыз курт кылып сойлотуп, үч түлөтүп, күздө коконго ороп, кыш бою кыймылсыз жаткыргандан соң татынакай, сулуу канаттууга айлантарын ар ким эле биле бербесе керек. Ушундай азапты башынан кечирген макулук гүлдүн ширесин татууга акылуу да татыктуу, себеби эки жаз көрүп араң жарык дүйнөгө келген жандын жашоосу да бейиштегидей болушу лазым.

Болбосо бу турмушта таңга жуук жарык дүйнөгө келип, күндүзү урук таштап, кечинде өлүп кете берген макулуктар канча? Дүйнөнү ошолордун көзү менен кароого болобу? Албетте жок! Ошон үчүн көпөлөк болуп жаралып, ал жеткен жыргалга жетиш тогуз ай омуртка сыздаткандай эле кыйын.

Ал эми циркте тамаша көрсөтүп, көрүүчүлөргө улам–улам таазим эткен аюуну маданияттуулугунан, кичи пейилдүүлүгүнөн жүгүнүп атат деп ойлоо жарабас. Анткени таманына кыпындай чөңөр кирсе “ай” деп тизе бүгө калган чыдамсыз пенде айбандын адамгерчиликти билбеген кере карыш азуулуу напсисинен жүрөгү түшүп калаарын билем. Ошондуктан алсызды жамандоодон, алдууну мактоодон абал, калыс бололу.

* * *

– Секире албайсың?

— Секирем эле.

— Секире албайсың?

– Ишенбесең карап тур.

Өзүмдү аскадан таштап ийдим. Кыз чаңырып калды. Учуп келатам. Ташка талпагым жайыларда коркуп кеттим. Көзүмү ачсам түшүм. Аскадан секирткен кызым жанымда жатат. “Өх, шайтандын азгырыгы! Кур намыска алдыра жаздабадымбы. Сүйбөй сүмүрөн калайын. А эгер өңүмдө болсочу?!” Ойлоп алып жүрөгүм оозума каптала түштү. Ошондо ары карап жатып алдым.

* * *

Сары–Камышта он жылдык мектеп жок болгондуктан райборборго келип окуйбуз. Онунчу класста үч күн удаа кар жаап совхоздун кой сарайларын басып калды. Кар басылганда эле окуучуларды кар күрөгөнгө айдашты. Биздин класска бөлүнгөн сарайга жете албай шыргалаң муз агызган Кара–Кулжа дарыясынан үшүп турдук. Жээктен тосуп алчу койчулар келгенче көбү кетип калды. Калгандарды жөө туман каптады. Кечигип келген Тажимамат агай келип эле:

– Өтүгүңөрдү чечкиле, Корчагинче жоксуңарбы?-деп бакылдады.

Чечтик. Муздак сууга түшкөндө жилигибизге жете какшады. Эптеп өттүк. Карын күрөдүк. Кайтаарда койчунун көң жыттанган карандай чайын шорулдата ичтик. Эртеси мурдум бырылдап мектепке келсем Тамара деген директор сөөмөй кезеди.

— Кечээ сарай тазалаганга барганбыз, ошондо суук тийип калса керек дедим. –Сарай тазалоо милдеттүү иш. Асти, сенин мурдуңдан суу куюлганын комсомол көтөрө албайт. Тарт мурдуңду, керек болсо эртең дагы барасың,-деди.

– Барам, эжеке барам, –мурдум “шуу” тартылды.

Эх, десең, ушинтип жүрүп да комсомолубузду жоготуп албадыкпы, эми не дейсиз?

* * *

Арийне, бу жарыкчылыкта мамлекеттин, улуттун байлыгы адамдар экенине маани бербей, күнүмдүк тиргилик менен жүрүп арабыздан жылдыз болуп учуп кеткен асылдардын кадырына жетпей, көзү өткөн соң “укмуш эле” деп жерге-сууга тийгизбей мактап-жактап калган пендечилигибизге таң калам. Андай кейиштүү тагдырлар үркөрдөй элибизде жокпу? Бар. Бири-Алыкул. Ал эми 70–жылдардагы обончулардын пири Рыспайдын тагдыры учурунда бийлик төбөлдөрүнүн көз кырына илинбей, кылган ак эмгеги, аткарган адилет кызматы баркталбай о дүйнө кете берди. Ушундай жагдайды эске алып Рыспайды туу туткандар кийинки урпактардын ариет-намысына тамызгы таштап, ысмын түбөлүккө калтыруу изги тилеги менен тележарыш өткөрдүк. Ага көпчүлүк менен сүрүлүп, бир убакта “жылуу сөзүн айтаар бекен?”-деп кирсе “көчөдө жүргөн немелерге наам түшүп калыптырбы” деп кабинеттен кууп чыккан экс-министр, “ичет, суранат” деп жанына жолотпогондор, “туруксуз” деп чогуу баспагандар келишти. Сүйлөсө тимеле таңдайларынан чаң чыгат. “Мурда анын улуулугун сезбей кайда жүрдүңөр эле?” деп сураган киши жок.

Өлгөндөн соңку урматын, жылуу сөзүн көзү тирүүсүндө көрсө, укса болбойт беле? Атаганат, таланттын көңүлү-таңкы шоокумда дирилдеген мандалактын кызыл эндигиндей назик экендигин билип туруп, сыйлап алалбадык. Ажалынан мурун алдырып ийдик. Тирүүлүктө жылуу сөз угуп, өлгөндө жаның бейиште болгону жакшы окшобойбу. Рыспайдын руху өлгөн жок, ал өзү жараткан керемет обондорунда, аны пир туткандардын жан дүйнөсүндө, ырдалган ырларында жашай берет.

Ошондуктан ар кандай пендеге ичиңи кең салып карачу болсоң, сен талантын учурунда асырай тургандар жок эмес. Бар. Кийин бармагыңы тиштеп кала электе эмгегин сыйлап, мээримиңи төгүп кал. Андан кичирейип калбайсың. Кайра жашооң жаңы нукка көчүп, зоболоң көтөрүлө түшөт.

Арийне, бу жалган дүйнөдө, өлгөндөн кийинки макталган тагдырдын жыргалынан, тирүүлүктө уккан жылуу сөздүн кадыры чоң экендигин турмуш өзү небак ырастаган. Анткени адам ушу жашоосунда гана бактылуу экен. Тирүүлүктүн улуулугу ушунда эмеспи, тууган.

* * *

Кара–Кулжа орто мектебинде окуп жүргөндө Жеңиш күнүнө карата биймырзалык Рыскул акени жолугушууга үйүнө барып өзүм ээрчитип келгем. Ошондо уккан окуя деле эсимде.

Фин согушунда Рыскул аке жигит курагы. Алдыңкы чектеги бөлүк душмандын курчоосунда калат. Душман эки эсе көптүк кылганданбы түнү штабдан чегинүүгө буйрук келет. Биздикилер будуң-чаң чегинишет. Арадан эки-үч саат убакыт өтөт. Таң сүрөт. Рыскул аке көзүн ачса жанында жан көрүнбөйт, окоп бош. Көзүн ушалап, кулак төшөйт. Күбүр-шыбыр угулат. пулеметуна чап жармашат. Окоптон башын кылтайтса алдыңкы тилкеден душман көрүнөт. Ааламда согуш болуп жатканы менен иштери жоктой баскандары жай, көңүлдөрү шайдоот. Уктап калганына, шериктери ойготпой кеткенине өкүнөт. Рыскул аке жаным барда качайын дейт, бирок ага жеткирбей ит аткандай атып салаарын ойлогондо бүт денеси муздап кетти. Мындайда адам тез ойлонот эмеспи. Баары бир башта бир өлүм дедиби “дүк-дүк” соккон жүрөгүн басып, душмандын коңкойгон өңдөрү даана көрүнгөндө пулеметтон ок жаадырды. Ушундай жаадырды, тимеле шайдоот келаткандар чапкы менен чапкандай шылынды. Күтүүсүз соккудан душман не кылаарын билбей башаламан чегинүүгө аргасыз болду. Ошентип биймырзалык жигит маанилүү чекти коргоп калды, душман чегинди. Боо-боо өлүк калды. Ок атканды бөлүктөн жоктошсо биймырзалык аке. Согуштун катаал тартиби боюнча уктап калгандыгы үчүн трибуналга да кетиши ыктымал болчу. Арийне, таңга жууктагы эрдигин эске алыштыбы аман калды.

— Аягы эмне менен бүттү?-дедим аңгемеге таасирленип.

— Мобу Кызыл Жылдыз ордени менен сыйлашты,-деди ардагер мурутун жанып. Ошондо “өх” дедим. Согушта нелер болбойт? Жамандыгына алса Рыскул аке ушинтип биз менен сукбатташып отурат беле?

* * *

Көк шишик баскан көзүм ачылбай шоросу куюлат. Турсам... жыгылам. Суусамырдын салкын төрүндө жаткансып жамбаштап жаткан жерим базардын кире бериш жери, Орусиянын Шибери. Эл кыйма — чийме. Тийишкени тээп өтөт, кыңк дебейм. Мазактайт, кулагымын сыртынан кетет. Иши кылып жооп берүү жок. Менин максатым бирөө бирдеме таштаса “леп” илип алуу. Жылуусунда коюнга катуу. Кечинде ичмей. Эртеси баш оорумай...анан кайрадан сандалмай. Ушинтип жүргөндө жердештерим эки жолу поюзга салышты. Экөөндө тең качып кеттим. Ушу кебетем менен үйгө кантип барам? Атам эмне дейт, апам эмне дейт, Үй–бүлөмчү? А көрөкчө өлгөнүм артык, барбайм дейм.

Кээде не максат менен буерге келгенимди унутуп калам. Чымырканып ойлоп көрсөм, атамын жалгыз мингичи менен сыңар эмчек уюн саттырып, элчилеп “Орусияда соода кылчу кишимин” деп келгем экен. Адеп келгенде жаман болбоптур. Уучум акчага толгондо адам тоготпой, рэкет дегени менен айтышып жолдо калдым. Кантип тим жатып калайын. Айтыштым, чырлаштым, бирок көптөп кетишип атышты. Адилеттүүлүктүн түбүнө жетпедим. Адилеттүүлүктү милициядан издеген мен шордуу. Балекет ошолордон келди. Карызга баттым. Ана бутума турам, мына бутума турам менен арадан беш күз жылжыды. Үч жылын тентимиште өткөрдүм. Алкашка айландым. Көчөдө жаткан жеримен милициясы апкелип жумалап камап коет. Борштун ордуна муштум, чайдын ордуна жүлүн куйкалаган бок сөз. Эртели кеч милиция машыгып ойногон тулупка айландым.

Ушундай күндөрдө түшүмдө чыт курсак кез өткөн доорго айланып, ээгиме ата сакалы бүткөн , аткулак минип ойногон, балалыгым өткөн боз адырларды көрөм. Ойготуп жиберсе сагынычым таркабай Ата-Журт жыттанган кичи өлкөмдүн тоо суулары, кокту -колоту, чаң сапырган ийри жолдору, көзгө тааныш адамдары элестеп кусалыгым артат. Дагы кайталанса экен деп көзүмү бек жумам. Бирок көз жумдура койбой кызыл шапкечен май куйрукту мелжейт. Көчө шыпыртат. Даараткана тазалатат. Чочко бактырат. Муштуму кычышканда тепкиге алат. Бир күнү эжигейдей сапсары милиция чоңу мени дардайган көпөскө малайлыкка сатты. Анысы жыргатты дейсиңби? Таңдан түн бир оокумга дейре бел чечтирбей иштетет. акысына тамактын калдыгы, самогондун сасыгы берилет. Анысына карабай ичип алам, мас болуп калам. Кай жерге куласам, ошоерден таң атырам. Кийинки учурда түшүмө тоолор көп кирчү болду. Ошо тоолор самогондон баш тарт дешти. Баш тарттым. Каратып туруп ичпей койдум. Акымы дооладым. Кожоюнум оозун ачып эле калды. Эңгезердей экөөнө буйруду эле жерге ныгыра оозума самогон коюшту. Тепкилешти, моюн бербедим. Акыры чарчаганда жөн коюшту. Өчөшкөндөн арыма келдим. Ашаткы жыттанган төшөнчү, кийимимди агарта жуудум. Сакал мурутумду алдым. Беш жыл чыдаган кордугума ызаланган намысым ойгонду. Түшүмдө көргөн тоолор ажат ачты, шыктандырды. Же өлүүнүн, же тирүүнүн катарында жок күндөрдөн арылайын деген ниетте катыра иштедим.

Акымы да алдым, орус көпөстү да таң калтырдым. Чыйралуума жөлөк болгон шаңкайган тоолор жатсам, турсам көз алдыман кетпей койду.

Ошондо түшүндүм, кыргыз бу дүйнөгө тоо болуп келип, тоо болуп кетээрин. Ак чокулуу Ала-Тоосун карап турбаса курсагы ачаарын, кусага батаарын, рухунун бөксөрөөрүн. Тоолор мени чакырды. Тоолорума барайын деп камданып калдым.

— Ата-Журтум кайдасың?-деп темир жол бекетин беттей баскан күн да келди. Орус да болсо кожоюнум кубанып узатты. Жердештерим, милиция тааныбай аң-таң. Демек, өзгөргөнүм, бетиме кызыл жүгүргөнү, жан дүйнөмдүн тазаланганы. Буюрбаган ырыскыны бөтөн эл, бөтөн жерден издеген байкуш бутум купеге бой таштаганда сырттан:

— За-ры–ыл!-деген чаңырык угулду. Карасам селсаяк бөтөлкөлөштөрүм. Кол булгадым. Аңгыча поюз ачуу чаңырып, ордунан “шарак” козголду. Кубанчым койнума батпай жүзүмү Ала-Тоонун салкын жели эркелеткендей сезимге бөлөнүп, Шиберден алыстап бараттым.

* * *

Күрпүлдөп киргенде талааны аң, тоону жар кылган Тар дайрасын жараткан Теңир, анын жолуна уюган кызыл ташын кошо жаратканына шүгүрчүлүк. Антпегенде жаралгандан азуусун көрсөтүп келген тилсиз жоо бир күнү Сары-Камыш талаасын какыраган сай кылып, Кырк-Күңгөйдү этектеп агып калмак. Андале шорубуз кайнамак. Асыл жерлер кум болмок. Ансыз деле кодулап жүрүп, дайра жээгинде жашагандарды үстүңкү талаага көчүүгө аргасыз кылган. Себеби мындан бир топ жыл илгери эле сарыкамыштыктар жээк бойлоп там салып, мал багып жашап келишкен. Азыр эски журт шагыл-кумга, тик жарга айланган. Мен төрөлгөн кызыл туникелүү там кийин эле 70–жылдары бузулду. Өзгөн күрүчү аталып, даңазасы Мисирге жеткен сарыкамыш күрүчү бирде болуп, бирде болбой жатканы да эртең менен аркы, түштөн кийин берки өйүзгө нугун өзгөрткөн Тардын тентектигинен.

Ойлонгон кишиге табигатка ашык баш жаралган эчтеме жоктой. Бири жаратып, экинчисин талкалоочу күчкө эгедир кылып, ашып кетсе өөнөп, жетпей баратса теңдеп бири-бирин толуктап турган рухтун күчүн, Кызыл -Жардын чыдамкайлыгын, киндик кан тамган жердин улуулугун аздектебей кое албайт экенсиң. Кызыл — Жар чыт курсак кезден балык уулап, көгүчкөн кармаган, мал жайып, балалык өткөн күндөр үчүн гана ыйык эмес. Анын касиети тилсиз жоого түктүү төшүн тосуп, сарыкамыштык урпактардын тукумун кырсыктатпай, өмүрүнө өмүр улап келатканында.

Ошон үчүн айылга барган сайын Кызыл— Жардын жанынан таазим этип өтөм, анткени, ал ошого татыктуу. Жараткандын ушунусуна шүгүр!

* * *

Айылга көптөн бери бара элегимденби бирге окуп, бирге жүргөн классташым эске түштү. Эптеп окуган неме эле. Тыйын дегенде жата калчу. Алма сабагынан алыс түшмөк беле, атасына окшоп уйдун жампасын кургатпай илип кеткен эпчил өстү, өзүмчүл чоңойду. Чайкоочулуктун аркасы менен кийбегенди кийди , жүрбөгөн жерде жүрдү. Машине минди. Эпсиз көптү. Экөөбүз теңтуш сыңары элек. Каникулга барган сайын жолугуп турчумун. Өзүм барып учурашчумун. Бу сапар унутуп калыпмын. Келгеними угуп “эмнеге учурашып кетпейт” деп кезүүдөн адашып кирген козубузду байлап алыптыр, өзү келбесе козусуна келет деп. Угуп таарындым. “Жөнөкөйлүктү буудайдан үйрөнсүн, бышканда башын төмөн ийген” деп айттырып жибердим. Албетте ал сөз кулагынын сыртынан кетти, же өзү айткандай көчүгүн да аарчыбады. Тапкан амалы-акча болсо ошентет да. Арабыз сууй түштү.

Көпкөн курсак эртеби кечби жарылбай койбойт экен. Бир күнү жарылды. Сасыгы айылга да тийди. Көрсө, көпкөн неме атасы экөө талаадан төрт түлүк мал, кампадан жем-чөбүн койбой пулдай бериптир. Тутулду, тутулганда да жаман жерден тутулду. Милиция келип айдап кеткенде камалып кетет дедик. Жок, камалат деген немелер кылдары кыйшайбай, кайра жоо чаап келгенсип эрдемсип келишкенде малын уурдаткандар дымып калышты. Керектүү кишини колго алып, тоюндуруп койсо ушу экен да. Милициядан келип кыла жүргөн иштерин кыла беришти. Жок издегендер көбөйдү. Айгак болгонго эч ким даабады. Бирөөсү арыздана коем деп териштире келгенде кайра өзү күнөөлүү деп табылып, он беш суткага жатып чыкты. Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат сымалы камчы менен көзүн чыгара чапканы, кызын зордогону да тым-тым болду.

Ат үстүндө жүрүп арпа, буудай айдаган, арам дүнүйө чогулткан айылдашымдын көктөн издегени жерден табылып, заман өзгөрдү. Кимдин-кимдин заманы чайкоочунун заманы дегендей, демократия оюну башталганда дүкөн иштетти, базар ачты. Малай жумшады, депутат болду. Көйнөгүнө батпай семирди. Болбогон ишке деле кирише берип, демократиянын айгырына айланды. Беттен май тамды. Өмүрү мектеп менен иши жок чайкоочу атасынын атын айылдагы мектепке койдурганда демократия ушул турбайбы деп калганбыз. Анча көп өтпөй өзүнүн атын айылга койдурганы атыптыр деген шыбыр кеп чоңдор тараптан угулду. Жакшы жаманга көнүп калган эл кулак түрүп калды. Бирок угуп алып мен аябай териктим. Чайкоочунун аты айылга коюлат экен деп чанып кетмек белем, бир күнү барам да. Ошондо сүйлөшөөрбүз дедим айылдаштарыма. Айтышы айтып алып, кайра көңүл заада болдум. Агымга каршы баратканымы заман көтөрөр бекен? Ээ, атаңгөрү, ким кимди ээрден алып түшөөрүн бара көрөрмүн деп жолго камындым. Себеби ошондойлордун араанын ачкан замандын келгенин, мен анда кайдан туйдум. Келдим. Тааныбады. Заман өзгөрүптүр. Аны бир күндө эле өзгөртүү кыйын экен. Жолго түштүм. Заман өзгөрүлбөсө адамдын пейли куну кайдан өзгөрүлмөк. Мен ушуга кейиндим.

* * *

Бала болуп башыма түк чыкканы чылым тартып, ичкилик ичип көрбөгөм. Спортко жакын өстүм. Ден соолугум чың деп жүргөнүмдө капылеттен сары ооруу болуп саргайып ооруканага жатып калдым. Күч келтирсең бооруң эзилип кетет дешкенинен жан калбады. Жатам, турам. Укол алам, дары ичем. Дарыгердин көзүн карайм. Ал менин колуму карайт, колум ачык, ыраазы. Эки ай дегенде сакайып чыктым. Оорунун жылда өнөкөткө айланганы, алдууну кыбыратып, тентекти жоошутканы жаман экен.

Ошондо түшүндүм, жашоонун ырахатын. Көрсө, адам деген оору келбесе, саламаттыктын, картайбаса-жаштыктын, ал күчтөн тайбаса -кубаттын баркын билбеген макулук тура.

* * *

Бир нукум жер алмуздактан бери жашоонун, улуттун, мамлекеттүүлүктүн бүтүндүгү катары каралып келаткандыгы менен иши жоктой, бирөөнүн көңүлүн калтырбайлы деген карөзгөйлүк менен Мекен чегин жөнеле сураганга кармата берген журт башчыларынын кайдыгерлигине акылым айран. Элдигибиз, тарыхыбыз, мамлекетүүлүгүбүз жер тагдыры менен өлчөнүп жаткан XXI кылымда мындай жорукту ким көрүптүр? Бүгүн жер сураган киши дагы бир күнү башкасын сурабайт, же бүгүн жерин саткан киши эртең дагы башкасын сатпайт деп ким кепил боло алат? Эч ким. Мындай торой чалма ыкма илгертеден боло келген. Ошо орой ыкмага туш келген муундун өкүлүбүз.

Көздөрүн жалдыратып, көчүктөрүн жырткан сандаган бийлик төбөлдөрүнүн колунан өткөн документ бирөөсүнүн да намысын козгоп койбогонуна таңмын. Документ даярдаган бийлик бутактары күнөөлүбү же кол койгон журт башчыларыбы? Аны мезгил өзү тактаар.

Жоо кеткен соң кылычыңы ташка чап. Таш деп чапса, анысы бок экен. Сасып кетти. Мурдубузду кеч чүйрүпбүз. Көрсө көптөн бери эле сасып жүрүпбүз. Эми жерин саткан неме элин сатат болуп кийинки урпактарга уят болбосок эле болду.

Күйкө таптап куш кылган, курама жыйнап, журт кылган касиеттүү бабам Манас кайдасың? Жерде болсоң, жерден атып чык, көктө болсоң, көктөн сызып түш. Ариет-намысынан айрылып, жердигин, элдигин түшүнбөгөн урпактарың бозоруп турат. Калка бол. Чыккынчыны сенин арбагың урсун. Калган урпактарыңа жол көрсөтөт, акыл бол, анткени курсактан түшкөндөн кошо жаралган Ата Мекен, Жер эне бу дүйнөдө жалгыз. Жалгыз дүйнөдөн айрылып калуудан жаман эмне бар?

* * *

Жаралгандан эле адамдын жан дүйнөсүндө маймыл тууганыбыздын мүнөзү бар окшобойбу, алакан чапкыласа кубана каткырган. Кантсе да маймылдыгыбызга барабыз. Бирок өзүбүз жасаган капканга өзүбүз чабылып, өзүбүз ойлоп тапкан шумдуктан өзүбүз ажал таап, өзүбүздү өзүбүз кыйратканыбыз маймылдыгыбыздан эмес. Ал да болсо өзүбүздүн аң сезимдүүлүгүбүздөн.

Маймыл айбан да болсо бири-биринен өөдөсүнгөн, бири-бирин жек көргөн, бири-бирисинен акылдуусуна үстөмдүк кылып келген адамзаттан өөдө. Себеби адамдын акылы менен жаралган кыйроолор болбойт. Адамзат күткөн бүткүл дүйнөлүк кыйроону маймыл эмес, андан миң эсе акыл эстүү делген пенде жаратат. Анын өркөнияты өнүккөн жерде узакка жашоосу кыйын, сөзсүз бир кыйроону ойлоп табат. Өзү ойлоп тапкан акылдан азап чегээрин билип туруп кыйроого салаары турган иш.

Кыйроодон кийин кайра пенде болуп жаралганча, кайра аныңын акылы өсүп, кайра кыйроо даярдаганча маймылча эле күн кечирген жакшы. Жашооң тынч, жериң бүтүн.

Эмки кыйроодон Жер энебизди жоготуп алабыз деп корксоң маймылдын айбандыгынан эмес, пенденин эстүүлүгүнөн. Анткени анын өркөниятта жашоосу арстан менен бир капаска камалгандай эле кеп, качан болсо муздаткычка салынган эттей чыгымдалчу. Себеби айбанга көсөө көрсөтсөң болгону жырткычтыгына барат, а акылдуу пенде андан өткөнүн кылат. Ошентип эстүү жандын ажалы өзү ойлоп тапкан акылдан, маймылдын түркөйлүгүнөн эмес.

* * *

Көр оокаттын айынан чөө бөрү арстанга тап берген күндөр болот. Байкуш арстан эмеле басып жыгылган олжосуна тиш саларда тарп аңдыган ыраңы суук чөө бөрүнүн напсиси чууруган кубаттуу азуусун көрүп, олжосун таштай качат. Арстан чөө бөрүнүн көк беттенген амалынан коркот. Бирок, ал коркуттум деп манчыркабайт. Олжосун таштай качкан жырткыч айбанды карап да койбой тарпка тиш матырат. Анткени анын бар амалы тарп аңдуу, курсак кампайтуу.

Табиятта чөө бөрүгө окшогон пенделер көп, арстандар аз, асти, алар коркоктугунан же алсыздыгынан эмес, айкөлдүгүнөн чөө бөрүгө окшоп улугандарга орун бошоткон учурлар бар.

* * *

9-троллейбус. Бут коерго жер жок. “Моссовет” аялдамасынан отурганда эле узун бойлуу, буудай ыраң келин башкача сүйлөп ансыз деле кысылып келаткандардын мазесин алып келатты. Билимдүүмүн, маданияттуумун, тил билем, силердин келечегиңер жок деп басынтканы биз. Пайгамбар жашындагы эки киши “Теңелбегиле” деп тескери карайт.

Келиндин айланасында гана боштук бар. Ээрчиткени мектеп жашындагы кыз. Анысы да апасына окшоп жанына жан жолотпой чыр. Экөөнө туруштук бере албай этияттанабыз. Өчөшкөнсүп ошончодон мага кайрылып калса болобу. Орусча бирдеме деди эле кыргызча жооп берип коюп балээге калдым. Атырылды. Бүкүлү жутуп ийгиси келип, заарланып турганы менен тамагынан өтүп, аш болооруна көзү жетпеди.

— Бардыгына түшүнүктүү орусча жооп бер,-деди өктөм.

— Качантан бери кыргыз тили түшүнүксүз болуп калган? Кыргызча эле сүйлөйүм. Кыргыз болуп туруп же кыргызча түшүнбөйсүз. Сиз түшкөн аялдамадан мен дагы түшөм,-дегенде кулакка асылды. Чыр чыкты. Аңгыча аялдамага келип калган окшойбуз, троллейбустун эшиги шарак ачылды. Түштүк. Буту жерге тийип-тийбей кайрадан алка жакага асылды. Бура бастырбай орусча сөгүнүп атат. Троллейбус ордунан жылбай, айнектен жардангандарга табылбай калды.

— Татынакай эле кыргыз келини экенсиз. Бирок орусча сүйлөп, же орус эмессиз же кыргыз болуп кыргызга батпайсыз. Сиздин тозогуңуз ошо болуп жүрбөсүн. Эми эсиңизге келбейсизби, менде эмне өчүңүз бар?

Кыз ээрчиткен келин шалдайып туруп калды. Мен жөнөп бердим. Троллейбус оор козголду. Жардангандар кимди күнөөлөөрүн, же кубаттаарын билишпей кол шилтешти.

* * *

Көздүн карегиндей сактай турган ыйык көлүмдү сактай албай, жер үстүндөгү кудайдын бейиши экендигин далилдей албай жээгинде телмирип отурам. Агарып аткан таңдын нуруна киринген көлүм мемиреп тынч.

Мындай ээндикте тумшугун сууга малып ийчү тынчы жок ак чардактар да даай албай, көктө асылып тургансыйт. Көөдөндү кытыгылаган сыйкырдуу күч отургуза койбой этек жеңден тартат. Кызыл ашыгым сууга түшкөндө ботосун сагынган боз ингендей жылуу илеби назик аймалайт. Эркелейт. Эркелетет. Көлдүн касиетин, айыктыруучу күчүн ошондо дагы бир жолу сездим. Ошо мүнөттө көңүлүм куунак, оюм тунук, жаным бейиште тургандай чексиз бактылуу элем. Аңгыча көлгө агылгандардын кара туманы каптады. Жаралгандан топуктуу тыным албай күн кечкиртип, кылымдар бою кызмат үстүндө жүрсө да кабагым кашым дебей, келген кишиге көкүрөгүн ачып берип көнүп калган бетинде майда толкундар жыбырады. Бу көлдүн ойгонушу, ак кызматынын башталышы.

Ушуну ойлоп, анын көркүнө кызганычым териме батпай турат. Себеби келгиндин кара баткагына салып бердик. Дүнүйөгө туйтундук. Келгиндер бирде азайды, бирде көбөйдү. Аягы соолуп калган жок. Келип атат. Ичинде ниети бузугу , арам тамагы, колу булганганы, тери оорусу бар. Кыскасы, булганууда. Көз алдыбызда дасмиясы түгөнүп баратканы менен ишибиз жоктой жалжактайбыз. Сактоо, барктоо, коргоо түшкө кирбей алганды билдик, бере элекпиз. Алуунун устасыбыз.

Аруулуктун, сулуулуктун, тунуктуктун мекени болуп калуусу керек эле, тилекке каршы, ага жетпей ичер суусу түгөнчүүдөй түрлөнсө: “Мынча болду, дагы чыда. Артыңда сени сүйгөн урпактарың бар. Жалгыз калбайсың, көтөрүп алат” дегиң келет.

Мекенин сүйгөн, кадырына жеткен адам гана Ата-журттун улуулугун сезет, бийик көтөрөт, таза тутат, көз карегиндей сактайт. Ошо үчүнбү жерибиздин ыйык жүзүн, делбиреткен ырахатын туюп, жүрөгүбүздөн сүйүп калуу вазыйпасы менен төрөлүүбүз абзел экендигин жээгинде отуруп аңдадым. Көлүм мага шык берди. А шык -бу зор күч. Күчтү элдин, жердин жыргалчылыгы үчүн жумшоо ар бирибиздин милдетибиз. Милдет-аткаруу, ишке ашыруу. Ишке ашырчулар адамдар. Алар — элдин, жердин байлыгы.

Демек, сен адамдарың менен сыймыктанар жөнүң бар. Анткени алгачкы жаралууңдан берки турпатыңды сактап, келечегине кам көрүп келаткан ошолор эмеспи.

* * *

Ош-Бишкек жолу.

Ала-Белдин таңкы үрүлүндө үч аял кол көтөрүп калды. Өтүп кетейин десем дөңгөлөккө бой ура тургандай. Андан көрө унчукпай эле токтоюн деп жолдон чыктым. Арткы дөңгөлөккө таш койдум.

Аялдардын тиштери бири-бирине тийбей шакылдайт. Көк муштум болуп үшүшкөн. Аябай кыйналгандары жүздөрүнөн көрүнүп турат. Араң эле кыймылдашат.

— Байке, бизди ала кетиңизчи. Машинабыз бузулуп, –жолдун аркы четинде капоту ачылып турган кара мерсти жаңсады сүйлөп аткан сары чийкили, -түнү менен үшүп чыктык.

— Соопчулукка ала кетиңиз, биз сизден суранабыз, -сүрөп ийишти.

— Силерди таңкы каракчы экен десе,-кооптонгонуму билгизбей тамашалаган болдум,-унааңар кырсыктап жолдо калган турбайсыңарбы. Ала кетейин, отуруңуздар, -эшикти ачтым. -Борборго тезеле жетип барабыз. Себеби үйдөн аттанганда келинчегим экөөбүз гана чыкканбыз. Арткы салон бош болчу. Аялдар шашыла отурду. Буюмдарын багажга салдым. Ашуудан аштык. Суусамыр жайлоосунун ажайып табиятына суктана ичимен кыңылдап коюп келатам. Аңгыча сууктан ысыкка киргенде мантайып кызарып кеткен сары чийкили бараткандарды көзгө илбей:

— Зыңкыйып мерс менен келаттык эле. Насип эмес экен, минтип кыбыраган эски жигулиге туш келтирди. Мерске көнө түшкөн жаным, шалдыраган немеде өзүмдү ыңгайсыз сезип атам, -дебеспи. Анда ортодогу толугу ордунан күпшөлүп канатын жайып ийди:

— Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, шалдыраган немең кубулуп мерс болуп кетпейт. Ага жетиш кайдан? Душман көзүнө үйгө чейин мерс менен барсак сонун болбойт беле. Эх, курбум, пешенеңен көр, пешенеңен десе, сарысы уялып койбой: -Пешенебизге кыбыраган немени жазса кандай аргабыз бар? -деди.

Жаңылыш уктумбу десем, жок бутум жаңылбайт болчу. Тормозду шак тепкенде жигули жүткүнүп барып токтоду. Үргүлөп бараткан келинчегим чочуп ойгонду.

— Биздин жолубуз башка окшоп калды. Силердин көңүлүңөр башкада экен. Каалаган унааңар менен кете бериңиздер, каршылыгым жок,– каарлана эшик ачтым. Мындайда адам тез түшүнөт эмеспи. Экөө карбаластап калды.

— Кур дегенде мобу шеригибизди борборго чейин ала кетиңиз,–дешти муңайым келаткан келинге жан тартышып. Атасына топурак салып калсын. А бизди... -Ырайым болуп калабы деген шикелде арсыз жылмайышты. Жүзү жок жылмаюуга көңүл бурбай келинди отургуздум да шашыла от алдырдым. Бишкекке түш ченде келдик.

— Келген ырыскыга тобоо деш керек. Кыбырап да болсо аман-эсен келгенибизге шүгүр дейли. Сиз шашылган “Чыгыш–5” микрорайону. Жакшы калыңыз, –дедим. Бирок келин жооп кайтарбады. Көк баштыгына алаксымыш болуп жүзүн көрсөтпөй жолдо калды. Биз андан ары зуулдадык.

* * *

Муз-Төрдөн олжолуу аттандык. Таштарга урунуп аккан тоо суусу өзгөчө күрүлдөп, капчыгай ичи сүрдүү. Суу жээктеп келип түзөңгө чыга бергенде жылкы жаныбар алданемени сезгендей кошкурса, туяк учунан от чачырайт. Бир маалда бет алдыбыздан от көрүндү. Чочулоодон денебизди калтырак басты.

— Шайтан от жагып жаткан экен. Жүрөктүүңөр алдыга бастыргыла, –деди Жумали мергенчи. Топтоло түштүк. Шайтан шабырга ишенип көрбөгөн жаным топтон суурулуп чыктым. Кооптонуудан жүрөгүм дикилдейт.

— Корксоңор алдыга бастырайын, чү, жаныбарым, –жоргону теминдим. Отко жакындаган сайын ал аста жыла бизден алыстай берди. Жорго кулактарын тикчийтип анда–санда кошкуруп коет. Аз өттүбү, көп өттүбү бир убакта көктө асылып тургандай көрүндү. Төбөмөн ылдый отун таштап ийбесин деп кош оозду суна бергенимде көздөн кайым болду. Арадан анча өтпөй от артыбыздан алоолонду. Арттагылар эми алдыга жүткүнүштү. Көргөн көзүбүзгө ишенбей сырдуу жерден тез кетиштин амалында аттарга камчы урдук. Ой-Талга келгенде өрүш алдык. Куу карагайларды каршы-терши үйүп, от жактык. Кургак отун тарсылдап тегиз күйдү. Жалындын улуулугунан коюу караңгылыктан көктөгү жымыңдаган миң сан жылдыздарга окшоп Ой–Талда да бир жарык жылдыз пайда болду. Өзөк жалгадык. Шишкебектин даамы ооздон кетпей, алдыбызга көпчүк салып, башыбызга ээр токум жазданып, бутту сундук. Жылдыздар жымыңдап, көзүбүз кымыңдап, кечке ат үстүндө жүрүп чарчаган жаныбызды уйку басып баратты...

Таң сүрдү. Кайрадан токундук. Тыныгып калган аттар кайрадан лакылдап басып капчыгайдан капчыгай, белестен белес, ашуудан ашуу тандабай келаттык. Күн төбөгө келгенде Беш-Мойноктон ажыраштык. Бөрүлүктөр дагы бир күндүк жолго салышты.

— Сен кечинде, биз эртең кечинде үйдө болуп калабыз. Бизди тиякта аңдып жатышат. Ач кулактан тынч кулак, кыйналсак дагы башка жолго салууга туура келет. А сенин бардык документтериң бар, кармашпайт, –дешти. Таруу-Паяга келгенде уктап кетипмин. Ууга кеткендердин кайта турган маалы болуп калды деп тосотто жаткан инспекторду көрбөмүшкө салып өтүп кеттим. Мен өтүп кеткенден кийин ишенимдерине канат бүткөнсүп дүрбү салып калышты.

Үйгө келсем Абди акем кыйкырат.

Кандай барып келдиң дегендин ордуна темиткени кызык болду.

— Атаң курортто жүрсө, сен атын ууга минип кетип бир айдан бери жоксуң. Кана жорго? Арыктап өлөйүн деп калса керек?

— Кана, кана? Тигине бастырмада байланып турбайбы, –дедим мен дагы жөн калбай.

– Ал башка ат. Жакын барып чочуп кетти. –Ой, жорго го?

— Эми ишендиңизби? Муз-Төрдө көдөө тизе бою көтөрүлөт экен. Аттар он беш күндө эле кызыл тезек таштап калышты,-десем аңырайып оозун ачып калды.

— Жаныбар, тоо чөбүнүн күчтүүлүгүн кара, –деп таңданат. Эртеси тууган–урукту кайберендин этинен ооз тийгизип коеюн деп куурдакка чакырдым. Албетте, куурдактан кийин суусадык. Суусагандан Муз-Төрдүн дары булагы көз алдыма тартылды. Жаныбар тимеле мөлтүрөп чертип турат. Колдонгон калай идишиң, шагыл таштар сары, кочкул кызыл түскө боелгон. Ичкен сайын ичкиң келген аш сиңиримдүүлүгүн айт. Союз убагында Суу-Башына чанда барышчу тура. Эми толуп алышыптыр. Эки-үчтөн чатыр тигип алышып, жумалап, айлап жүрүп келишет экен. Азыгын табият бекер берип атса, ай деген ажо, кой деген кожо жок тынч жер болсо илмийип барганы толуп, ооруп барганы сакайып кайтканы булактын шыпаа болгон дарылыгынан, жердин асылдыгынан го чиркин!

* * *

– Кой, бир ачууңду мага бер. Тирешкенден пайда жок. Жаман деген киши өзү жаман. Сен эмне жаман белең? Эртең эле жүз көрүшүүгө туура келет. Дагы бир жолу айкөлдүк кылып, кечирип кой.

Ысык жан эмесминби? Намыс, адамдык ариет жөн жаткырбай, түштөн кийин арыма келип чырлаша турган болгондо теңтушумдун ортого түшкөн кеби.

— Ачууму сага берип, мени жинди дейсиңби? А көрөкчө өзүм жутуп койгонум артык. Мындан өткөн сооп жок.

Ушинтип өз ачуумду өзүм басам. Көпчүлүктүн алдында намысыма тийип, басынткысы келгендерди, көрө албастан ар кандай ыпластыкка баргандарды кечирип коем. Мындай көрүнүш бүгүн эле боло калган жок. Ал эс тарткандан бери келаткан нерсе. Ошон үчүнбү, ачууму жутуп көнүп калгам.

Ойлонсом жамандагандарга теңелбегеним, кек сактабагандыгым, кечиримдүүлүгүм теңиримдин мага берген белеги белем. Маанисиз айыптоолорго тил коротпогонум, өзүмдөгү арман тилектерди, кылган жакшылыктарымы, аткарган иштерими бирөөгө айтып колко кылбай адилет мамиле күтүп, ар дайым түз жүргөн мүнөзүмө жараша Алла таала да мага боор тартып, ар качан колдоо көрсөткөнү, мени көтөргөнү эмеспи.

* * *

Атам чөптү апкелбейсиңерби дегенинен Сейдали экөөбүз Чолок-Коого жөнөдүк. Коктудан чийнеге чөп ыргытып атсак аңдып турганбы Бакы деген бригадир чокудан чаап түштү. Түнөрүп өңү жаман. Аңкайып калдык.

— Силерге ким уруксат берди ? Кайра түшүргүлө. Оо ата-патаңы... -кепке сөзгө келбей омуроолотуп келип камчы менен жон талаштыра согуп-согуп алды. Коркконуман көзүм алайып, этим жыйрылды. Эңгезердей кишиге он төрт жашар баланын алы жетеби? Башымы ийип туруп бердим. Иним кайдадыр безди. Бакы бригадирдин кычуусу кандыбы десем жок, кайра көкбеттенип сараласы менен урдуруп отуруп Чолок-Коодон түшүрүп ийди.

Бир нече күн ичим уйгу-туйгу жүрдү. Камчынын уусу жонума чала өлүк жыландай буралып кыпкызыл болуп түшүп калыптыр. Күндүзү алаксып каламбы кечинде жаткыра койбой сыздайт. Ушинтип жүрүп эсимен көтөрүлүп кетиптир. Башымы жууп атсам апам көрүп калыптыр. Эне эмеспи эт-бетинен кетти.

— Ким менен мушташып жүрөсүң?

Тултуйдум. Суу куюп берип аткан иним качып кутулганын айтты. Ошондо жеттиби.

— Өчү бардай бирөөнүн баласынкамчы менен сабагандай ал ким экен? ыя! Кудаанын чөбүн да коруйбу? Жаш баланын жүрөгү түшүп калса эмне болот? Машайык болсо да сүйлөшүп келейин.

— Апа, ага барганда эмне өзгөрөт дейсиз? Барбаңыз, андай немелер кайра өзүңүздү уят кылат, –жолун тородум,–теңелбей эле коюуңузчу,–дедим. Ошондон Чолок-Коо эске түшсө, ушу азыр да жонуман жылан сойлоп келаткандай жыйрыла түшөм. Көрсө, а да камчысын бирөөгө чаптырган партиянын өкүмзордугу тура. Көнбөскө чара бар беле?

* * *

70-жылдардын ортосу. Союздун кубаттуу учуру. Мектептерде такай экинчи күнү политинформация дегени өтөт. Бүгүнкүсү адаттан тыш өтө тургандай түрлөнүп калды. Аны опур-топур маанайдан, комсоргдор гана өтсүн деген көрсөтмөдөн улам аңдадым. Темасы биринчи күнү такталса деле маани бербептирмин. Солженицын деген жазуучунун бары-жогу менен ишим эмне? Анан калса орто мектепте окуган мага эмне шам, СССРди чанып капиталисттик өлкөгө өтө качкан Солженицын жөнүндө борбордук гезит-журналдарга чыккан материалдар көбүн кызыктырды. Себеби ошо кезде СССР деген чоң державаны таштап кетүүнүн өзү чыккынчылыкка барабар эле. Аргумент үчүн белгилүү адамдардын ой-пикирлерин, койгон күнөөлөрүн тизмектеп бердим. Анткени Союзду чанып чет жака өтө качкандардын катыгын берүү ошо мезгилдин негизги идеологияларынан болчу.

90-жылдардын аягы. Демократиянын күнү тууп турган убак. Нобель сыйлыгын алган Солженицын чет элден ата журтуна катуу таарынган адам катары кайра кайрылып келди. Келалбай жатып өзү чанып кеткен түзүлүштү оозу толгончо мактап, азыркы түзүлүшкө мурдун чүйрүдү. Мекенине кайтууга жол ачып берип, кубангандан орден менен сыйлап ийген Орусиянын биринчи Президентинин колунан орден алуудан караманча баш тартты.

Ата журтун эстеп өңү саман болгон жазуучунун элдин жактырганы, жактырбаганы менен иши болгон жок. Чырак өзүн жагып журтка жагыптыр. Солженицын анте албады. Табиятынан ызалуу жаралган шордууга баары карама-каршы тургандай туюлду. Бирок уулдун жаман жакшысы менен иши жок элден айланса болот, адашкандын айыбы жок, үйүрүн кайра тапкан соң деп батырып алды.

* * *

Балык уулаганды өзүмөн бир топ жаш улуу Сулайман жээнден үйрөндүм. Жээн дайра кирип атабы, жокпу түк коркчу эмес. Аркы өйүз, берки өйүзгө өтүп жүрө берчү. Анын Тар дайрасын көңүлгө албаганына Аскер Деңиз Флотунда, Тынч океанда кызмат өтөгөнү кыйла демөөр болду көрүнөт. Чынында Тардын суусу Тынч океандын бир тамчысынын миллиондон бир бөлүгүн да түзбөсө керек. Бирок жаз айында адамды ат— маты менен агызган тоо дайрасынан Тынч океандай эле коркчубуз. Ошондой коркунучка карабай, нугуна ашып-төгүлүп турган чакта балык уулоо, тор салуу кызуу башталчу.

Алгач жетинчи классымда морякты ээрчип барганым эсимде. Торго балык айдайм. Сүйлөшүү деген жок. Айрыкча өркөчтөнгөн дайрага кошулган жайык жерге келгенде таптакыр дудук болуп калчубуз. Ошондо Сулайман мага чүкөдөй ташты баш жагына ыргытып кой деп көз ымдап, кол жаңсачу. Колумдагы чоң таштарды таштап, чүкөдөйүн чогулта баштачумун. Чүкөдөй таш жайыкка “чулп” түшкөн сайын үч-төрттөн балык алып чыкчу. Ошентип, бир эле жерден көп олжого марычубуз. Балыкты тордон алып жатып кичинекейлерин кайра дайрага ыргытчумун. Аячумун. Чоңойсун, күн көрсүн дечүмүн. Сулайман менин бу жоругуму байкабай жүрүптүр. Кезектеги жайыктан торду көтөргөндө билинип калып каарына калдым.

— Кичинесинин ордуна чоңун ыргытпайсыңбы, –деп тултуңдаганда мелтиреп бутум кум чийип калган.

Мазасын кийин билдим. Кичине чабакты кызарта кууруганда кылканы кошо куурулуп, эти менен кошо желет тура. А чоңдорун бириндетип кылканынан арылтканча кичинекейинен үч–төртөөнү качырата чайнасың шор сураган жаныңдын жай ала түшкөнү ошондон белем.

Өчөшкөнсүп быйылкы жазда күн аябай ысып, Тар сайга батпай агыптыр. Жээгин жеп отуруп айылга коркунуч келтириптир. Жыргалынан азабы көп болуп сарыкамыштыктарды убайымга салыптыр. Ошентсе да балык уулоо учурунда башталып, аягы кайгылуу аяктаптыр. Кайгылуу кабарды укканда аттиң деп бармагымы тиштедим. Жамандык айттырбай келет дегени чын окшоду. Күрпүлдөп кирген тоо суусу мурда болуп көрбөгөндөй албууттанып тынч океанчы моряктын денесин тор-мору менен кошо агызып кетиптир. Сууга аккандын руху эми сөзсүз балыкка өтөөрүн, ошо күндөн ал балык болуп гана жашаарын, жаз келип, суу киргенде балыкчылардын торуна илинип калбайын деп жандалбастап жылчык издеп, ылайланган сууга кире качып, же Тынч океандай мухит издеп жанды куткаруунун айласын кылаарын, моряк ойлоду, сезди бекен? Ойлогон, сезген. Ойлонбосо, сезбесе ошо жазда тири шумдуктай кирген дайрасына, күткөн балыгына барабы? Барган үчүн элүүгө таянган жээнимдин руху өзү сүйгөн дайра боюнан, балык жыттанган өзөн сууларынан түбөлүккө жай тапты, жаны балык болуп кубулуп кетти.

* * *

Балалыгымдан тоого кайдан келсин деп кежирленсем керек. Көңүлүнө түйүп калганбы атам бир күнү жан дүйнөмө Шолоховду ээрчитип келди. Тааныштык. Күтүлбөгөн окуя болсо да кадыреседей кабыл алдым. Бирге туруп, бирге баскан, саратандын күнүндө ысык кумда ооналактаган күндөрүбүз өттү. Кечинде кезүүдөн мал тособуз. Мектепке чогуу барып, чогуу келебиз. Иши кылып ынак болуп кеттик.

Бир күнү: “Эмне үчүн романыңыздын атын “Тынч Дон” койдуңуз”–дедим. Оюмда Дон тынч эместей. Албетте, жай аккан Дон суусун карап айткан жокмун. Окуя курчуган сайын тынчы жок Дон, күндө эки маал алмашкан бийлик, жан үчүн чыркыраган күрөш, эскини айыптаган, жаңыны өзгөчөлөткөн Октябрь төңкөрүшүнүн таңы менен кечи буркан-шаркан көз алдыма келе калгандан берилген суроо. Тилекке каршы жоопсуз калды.

Кийин Абдукаимовду өзүм таптым. “Майдан” нака майдан экен. Мага жакты. Чыгарманын таасиринен го, кийин ата сакалы ээгиме бүткөндө тун перзентимдин атын Бермет коем деп тестиер кезимде ойлонбосом керек.

Азыр баары эле кыйын, баары эле кудай. Асман жерден, элден алыс экени түштөрүнө кирбей баары эле мактанганга эп, асмандан сүйлөшөт. Бирок сүйлөгөндөрү арык кечпейт. Түшүнүксүз. Ырас, түшүнүксүз болгондон соң алардын генийлигинен, кыйындыгынан не пайда? Мен ошого түшүнбөйм.

* * *

Эжем Ленинграддан Репин атындагы сүрөтчүлөр Академиясын бүтүп келип, кыргыз элинин белгилүү кыл боекчусу Гапар Айтиевдин аспирантурасынан таалим алып калды. Апам, Раат карындашым болуп эжемкине конокко келгенбиз. Эжем бизди устаты менен тааныштырмакчы болуп, Г.Айтиевдин өнөрканасына ээрчитип келди. Дасторкондо дүр-дүйүм толо. Беш бармак даяр болуп калган. Күтүп олтурабыз. Аңгыча биз күткөн улуу сүрөтчү келип калды. Тааныштык. Беш бармак жеп атабыз. Аялдар жөнүндө сөз болуп аткан. Кыябы келгенде мен:

– Агай, сиздин курактагылардын көпчүлүгү башка улуттагы аялдарга үйлөнүшкөн экен. Эгер мүмкүн болсо, себебин айтып бербейсизби?-дей калдым.

— Андай болгон. Биз үйлөнгөн кезде кыргыздын прогрессивдүү деген жаштары ошо кездеги түшүнүк боюнча, кыргыздын караңгы кыздарын чанып, илим-билимдүү, түшүнүктүү деп орус, татар улутундагыларга үйлөнгөн мода болгон. Азыр ойлосом чеки иш кылган экенбиз,-деди мени олтуттуу карап.

— Моданын жүрбөгөн жери жок экен го, чиркин, -десем

— Ошондой го! -деп ыкшып күлгөн жарыктык киши.

* * *

70-жылдар. Сегиз жылдык мектеп. Класста 23 окуучу. Анын үчөө уул бала, калганы жалаң кыз. Кыздар көпчүлүк болгондуктан бизди танапис убагында класста отургузбайт. Эптеп шылтоо таап сыртка кууп чыгышат, болбосо чымчикейдин үс-үстүндө калабыз. Ошондо чыкпай көр. Байкуш Мусин, Кадыш үчөөбүз короого чыгып калемсап менен сайышып ойной баштачубуз да аягы тал-теректин шагын сындыруу менен аяктоочу. Анан сыйрылган жерлерибизди санай баштачубуз. Чарчаганда кыялдана берер элек. Душмандын жүздөгөн аскерлерин үчөөбүз жөн эле талкалап, самолет, вертолетторун колубуз менен кармаган алп, ок өтпөс күжүрмөн жоокер болсок деген таттуу кыялыбыз алда кайда жетелеп кетчү. Кийин андай болбоду. Биздин ишке ашырчу таттуу кыялыбызды бирөөлөр тартып кетти. Аны чейрек кылым убакыт өткөндө түшүнүп олтурбайбызбы. Көрсө, биз асманда учуп бараткан вертолет, самолетту муштум менен жыга урган Кинг Конг, октон буйтаган супержоокер Рембо, Терминатор, же болбосо жыландын уюгуна жөнеле көкүрөгүн ачып кирип барган индиялык суперпо¬лицейский боло албай, бирок көрөсөндүк кылып ошолордун образын жа¬ра¬тып жаткан турбайбызбы. Жаштын тилегин берет деген чын экен. Берди, бирок биздин ойлогон ойду өзүбүзгө ыраа көрбөй бирөөнүн энчисине берген жараткандын амирине кээде таарына түшөсүң.

* * *

– Бейиште болуп көрдүңүз беле?

— Жок.

— Анда бизге келиңиз. Мен сизге чыныгы бейишти көрсөтөйүн.

— Кызык, биз укпаган, биз билбеген, ал кандай бейиш экен?

— Мөлтүрөп тоо булагындай тунук, жер бермети -Ысык-Көл, ажайып кооз, ак мөңгүлүү жер түркүгү -Ала-Тоо теңир жараткан жер үстүндөгү адамзаттын бейиши, билген кишиге.

— Аа-а, Кыргызстанбы?

— Ооба.

— Аны кыргыздар өздөрү билбей жүрүшпөйбү.

— Эми билип калышты. Келиңиз, конок болуп кетиңиз, мен өзүм кепилге өтөйүн.

Ошондо да көптөрү ишенкиребей ийин куушурушат. Ага капа болбойм, себеби, кудай сөзүн айткан Ыйса пайгамбарга деле алгач эч ким ишенген эмес. Кайра кыйнашкан. Айкашкан жыгачка керишкен. Кийин иш өткөн соң көз жаштарын көл кылышып, эт–петинен кетип сыйынып жүрүшпөйбү.

Жараткан Теңир өзү ак сүйлөп, туура жүргөндү дайыма колдоп келген жана колдой бермекчи. Бейишти көрсөтөм дегенди издешет да табышпайт, ишенбейт да бар экен деп тамшанышат. Келиңиз, жер бейишин көрсөтөм, анткени мен дайыма ошо жердемин. 
   
* * *

Булуттун турагы жок дешет.

Карасаң чынеле ошондой сыяктанат. Бирок чындап ойлогон кишиге анын турагы көк асман,чексиз аалам, учу-кыйыры билинбеген мейкиндик. Ал качан да болсо эркин. Ал жашаган жердин мейкиндиги эч кандай түс, же чек ара тилкеси менен бөлүнбөгөн. Ырыскысын кааласа какыраган чөлүнө, чытырман токоюна, аркайган зоолоруна төгүп ийет. Кааласа тиги элдин мекенине, кааласа бу элдин мекенине эркин конуп, жүрө берет. Анын стихиясы бирөө гана — чексиз мейкиндик. Кай чексиздиктен көрүнбөсүн, ал эркин жүрө алат. Жараткандын баарына тегиздиги: бирине жашоо берсе, экинчисине токчулук тартуулаган. А адамзат деген пенденин стихиясы көп. Дүйнөдө канча эл болсо, ошончо түскө, ошончо чек ара тилкесине бөлүнгөн мекени бар. Акылы мол, бирок жалпылыгы аз. Ар ким өз ырыскысы менен алек. Адамзаттын бир ырыскы, бир мекен менен жашоосу кыйын. Балким бирөө жер планетасы адамзаттын мекени дээр. Балким... А бу жалган дүйнөдө таптакыр андай эмес. Аны өзүң аңдай бил, себеби жаңы доордун курагы келген жаңы кылымда жер мынчалык ыпластыкка, азган-тозгондорго, акылсыз атаандашууларга, ядролук үстөмдүккө кантип туруштук берээр экен?! Адамзат өзү жараткан нерсесин өз акылы менен кыйратканга маш экенин түшүнүү анчале оор эмес. Анан калса акылы ашкан немени токтотуу кыйын. Качан гана ал өзү тыптыйпыл болуп кыйрамайын, бирөөсү экинчисин кул кылмайын өчөшкөнү өчөшкөн, согушканы согушкан. Көз карандысыздык үчүн согуш чыгат. А согуш -бу кыйраткыч күч. Бири өлүп, бири кыйрайт, жеңгени болбойт. Эгер жашоодон жашоо жаралып жаның жаңы рухка өтө турганы чын болсо, сөзсүз булутту танда. Себеби, ал-бу мейкиндиктин жападан жалгыз кожоюну, кудаанын эркин көчкөн улукманы.

* * *

Анда мектепте окуган өспүрүм кезим. Ашарга чакырып, кашатта жашоочу Асылбек дегендин мал сарайын жаап жатканбыз. Короонун кайсы жерин казсак деле адамдын сөөктөрү, карапа идиштер, темирдин сыныктары чыга берди. Чыккан буюмду этияттап алып коебуз, кээ бирине кызыга үңүлөбүз. Бир убакта аңгелдин тереңинен бүтүн кумура көзгө уруна түштү. Асты-үстүнөн абайлап казып чоңдор сыртка алып чыкты. Ичи толо дан экен, жакшы сакталыптыр. Чоңдордун айтуусу боюнча биздин айыл илгери караханиддердин ордосу болгон имиш. Болбосо шо мезгилдин буюмдары буерге кайдан келип калсын деген чоңдор:

— Эгер баалуу нерсе же бир кумура алтын таап алсак, сага велосипед алып беребиз. Сен эч кимге айтпа ээ, -дешкенинен бутум-бутума тийбей кайда жумшаса да тыз коем. Иш аяктап калганда чоңдор дагы чогула калышты. Ортодо бирдеме. Барсам дагы бир кумура таап алышыптыр. Кумуранын оозу сынып калыптыр. Көтөргөндө кулагыма бирдеме шыңгыр эткенсип, көзүмө тыйынга окшогон жалпак нерселер көрүнгөнсүп кетти.

— Ой, эмне экен? -деп эңкее калсам, чоңдор:

— Мал келээр убак болуп калды. Бая сени атаң издеп жүргөн. Үйүңө тез жөнө. Жакшы иштедиң, ырахмат. Эми бара берсең болот, -деп ой-боюма коюшпай көчөгө чыгарып коюшту. Мен болсо чоңдорго каяша айтыштан айбыгып кечке иштеп кубарган колдорумду ушалап: “Алтын тапсак бөлүшөбүз, велосипед алып беребиз”-деп убада беришпеди беле, кана ошол убадалары-деп шылкыя үйгө жөнөгөндөн башка айлам калбады.

* * *

Онду бүткөндө окууга өтпөй калып, Бишкекте жыйырма күнчө жүрүп айылга келдим. Анда намыс деген абдан күч. Окууга өтпөй калган кыздар айлап үйүнөн чыгышчу эмес. Мен аларга караганда эркектана эмесминби, Занка деген теңтушум экөөбүз келген эле күнү шаардан ала келген окшош футболка, окшош кедаларыбызды кийип, айылда дыргаяктап топ тээп жүрдүк. Анан жайлоолоп кеттик. Ак-Таш жайлоосунун Чалкан деген жериндеги ышкындуу асканын бурчуна оюбузга эмне келсе баарын чиймелеп, ширенкенин кутусуна салып катып койдук. Арадан жыйырма жыл өткөндө айылга барып калсам Занка теңтушум:

— Быйыл мен аскага бекиткен кутуну көрүп келдим. Жазуусу өчөйүн деп калыптыр. Кутуну чычкандар жей баштаптыр,–деди муңайым.

— Досум, чычкандар кутуну жесе өлүп кетсин, асти, мезгил бизди жей көрбөсүн. Эмне деп жаздык эле, сенин эсиңде жокпу, –дедим көңүлүн көтөрүп.

— Унутуп калдыңбы? Анда жайында кел, барып көрөбүз,-мыйыгынан жылмайды. Мен жаштык кез көз алдыма тартылып:

— Макул, келейин, анан барабыз ээ,–дедим. Андан бери деле бир топ жылдар өтүптүр. Эңсеген жайлоомо, куту каткан аскама баралбай жүрөм. Бирок бир күнү сөзсүз бараарымды эстесем кадимкидей жашара түшөм. Анткени жаштык кезди ойлогон сайын кубат алып, жан дүйнөңдүн чыйралуусуна ошо кездегидей кайрат берип, өмүргө өмүр улаган учурду эскергенден артык эмне бар? Ал сенин жашооң эмеспи.

* * *

Мезгил күтпөйт. Мезгил дайыма кыймылда. Адам чачын ак аралай баштаганда артын кылчак-кылчак карай берет.

Карагысы жок, бирок аргасыздык каратат. Белгисиздикке шашылуунун кажети жок. Ага чейин жашоо гана керек. Убагы келгенде өзү көрсөтөт.

Күтүп жүрүп, жылдар жылжыйт. Белгисиздик эстен көтөрүлөт. Качан гана шайтандын шапалагы жан дүйнөңдү кытыгылай баштаганда кайрадан селт этесиң. Кылчайып эле үрөй учурган карылык менен ажал эненин этегинен түшкөн мүнөттөн баштап артыңан сая түшүп келатканын ошондо бир сезесиң. Сезген, билген күндөн алар сенин жандоочуң болуп калат. Күрөшөсүң. Жыгасың, жыгыласың. Качасың, алаксытасың, жеткиргиң жок. Жандалбастап ар амалга саласың. Ошондо да калбайт. Артыңан сая түшүп кууй берет, себеби убагы келди. Убагы келген неменин жолу улук. Эртеби, кечпи торуна түшүрбөй койбойт. Ошондо сен карылыкка да көнө түшкөнүңдү айттырбай туясың да өткөн өмүрүңө, жашаган күндөрүңө каниет кыла баштайсың. Кудайчыл, ишенчээк болуп кетесиң. Убакыт кезегин өткөрүп, карылык мүңкүрөтүп, ажал жаныңы алмайын тынбайт. Кууганы кууган. Жашоонун кай мейкиндигинде болсоң дагы жетет. Жеткен күндөн сенин рухий жашооң жалбыракка же төрт аяктаган жандыкка көчөт. Адам болуп өмүр сүрүүдөн калат. Ажал тооруганда кимдин жан дүйнөсү сага жакын болсо, ошонун мүнөзүн аласың. Жаның мурдагыдай жыргалга батпайт. Рухуң бир жай жашаган мүрзө үстүндөгү гүлгө, же улуган бороонго өтүп кетет. Экинчи кудаанын момуну болуп жаралбайсың. Сенин рухий жашооң жаңы мазмунга, жаңы түскө көчөт. Сен ошондо гана түшүнөсүң. Өлүү-бу жаңыруу, жаңы дүйнө, кайрадан жашоо экендигин. Ансыз жашоо кызык эместигин. Рухуң гана башка — токой болуп шуудураган, же көк жал болуп улуган.

Жашоодон жашоо жаралат. Денең өлүп, башка рухка көчсө, анда бу жазмышта эмне түбөлүктүү? Түрүн өзгөртүп, жашоосун уланткан материя түбөлүктүүбү, же жандуу–жансызын башкарып, аларга рухий жашоо берген Теңир түбөлүктүүбү? Албетте, тандоо укугуң сенин колуңда. Дүйнө өзгөрөт, бирок ишеним эч качан өзгөрбөйт. Ойлор келет, кетет. Бу дүйнөнүн чындыгына көзүң жетмейин ишеним сени менен болот.

Ошондо ынанасың, пенде азыркы жашоосу менен гана баалуу экендигин. Ошондуктан бир келген жашооңо каныгыш үчүн бар чеңгелиңди сала бербе. Теңирин унутуп, бири-биринен өөдөсүнүп жашоонун керемети ошондон. А сен өөдө төмөндү ойлоп башыңды оорутпа! Бир келген жашооңу адамча ак жашап өт! Сенден сураарым ушу, тууганым.

* * *

Иним кичинесинен ууга кызыгып чоңойду. Кош ооз мылтыгымы алып кетип, кечинде куржалак суй жыгылып чарчап келет. Кээде олжолуу кайткан күндөрү бар. Кайсы жыл экенин эсимде жок, бир сапар көчөдө чаң ызгыткан жаш балдар: “Сейдали түлкү атып алыптыр”,-деп чурулдап калышты. “Ии, байкуш, бу барышында жолу болгон экен”,-деп ойлоп койдум. Жарым саат өтпөй өзү келет, колунда көтөргөн эчтемеси жок, бозоруп.

— Балдар азыр эле түлкү атып алыптыр деп чурулдап жүрүшпөйт беле. Кана түлкүң? –дедим бозоргон боз балага. Иним эчтемеден капарсыз:

— Турумбек аке алып кетти. Мен ошонун түлкүсүн атып алыпмын, –деди шылкыйып.

– Эмне, Турумбек аке талаадагы түлкүлөргө эн салып коюптурбу? Бас апкел,–дедим.

– Жолдо эки кулач кылып сүйрөп келатсам Турумбек аке атчан чаап келип “Менин түлкүмү атып алган турбайсыңбы. Келе, бер түлкүмү”,–деди. “Ыкы, мен буну Кызыл-Жардан атып келдим”,–десем. “Ооба, ооба. Менин түлкүлөрүм Кызыл-Жарда болчу. Ишенбесең куйругун кара. Меникинин куйругу ак болчу”,–деди.

— Олда иним ай! Түлкүнүн куйругунун учу ак болбой кара болмок беле? Кичинекей мергенчим, алгачкы олжоңдон айрылган экенсиң, –дедим ыкшып күлүп.

Турумбек ыраматылык ушундай тамашакөй, уу десе жантыгынан жата калган киши эле, жарыктык.

* * *

Чоң атам Теңизбай уруусунда жамакчы киши болуптур. Жаш кези экен. Ошондо каманчылыктар орок маалында чоң атамы барымтага кармап кетип орго салып койгондо, эки күн жамап ырдап кутулуп кеткен дешет. Ош пединститутунда окуп жүргөн учурумда Абди акемен Чоң атамын жоруктарынан айтып бербейсизби десем макул көрүп, айтып бергени эсимде.

– Биз ал кишини Осу аба деп койчубуз. Ошо Осу абамын азоо аты болоор эле. Бир күн бошонуп кетип, кечке карматпай суй жыгат. Кечке маал эптеп айыл апанын балдары менен кармап келсе элди таң калтырып Осу абам азоо атын ак куурайга байлап коюптур.

— Ээ, Осу аба, бу эмне кылганыңыз? Кечке араң кармаган качанаак атыңызды куурайга байлап койгонуңуз?-дешсе

– Ээ балдар, жылкыдай митайым мал жок. Бек байлап койду деп тура берет,– деген экен.

* * *

Чоң атам Кара–Кулжа өрөөнүнө белгилүү дыйкан киши экен. Негизги дыйканчылыгы атагы улуу Чыгышка кеткен күрүч шалы айдайт. Бир күнү шалысын жанчтырып, ырп этээрге алы калбай отурса, коңшусу салам айтпай кирип келип эле:

– Осу аба, арканыңызды берип туруңузчу,–дептир.

Чарчап турган киши абат жооп береби:

– Арканга ун салып койгом, бош эмес,–дептир. Коңшу таң калып.

— Ээ, абаке, арканга кантип ун салсын. Тигинде илинип турбайбы?

— Эй кайдагы жобураган немесиң. бербестин жообу ошо да. Бара бербейсиңби. Аркан сага сабак болсун, –деп жолго салган дешет.

* * *

Чарчадым. Ал жок. Канча айдан бери үжүрө издейм. Азыркы жашап жаткан жеримен “чык!” дейт. Сурасам төрт жашар балам балалыгы менен дааратканасына кирип чыга берген го, орус абышка көзүн жүлжүйтүп:

– Дааратканамы толтуруп койду,–деди кытмыр кежеңдеп.

– Толтурса тазалап берейин,– деп жалдырайм. Анан жашаганыма үч ай толбой атып, он жылдан бери тазаланбаган дааратканасын тазалайм. Бир ай сасып жүрөм. Ага деле алымсынбай “чык!” дейт. “Эмнеге? дейм.

– Балаң сарайдын тешигинен чочколоруму карай берет экен. Семирбей атат.

– Макул, –деп тешигин бүтөйм. Кайра эле “чык!” дейт. “Эмнеге?” дейм.

– Кишилер келе берет экен. Уктатпай койду.

Анан кишилерди кан буугандай токтотом. Анысына деле ынанбай “чык!” дейт.

Бу жолу жададым сураштан. “Ач кулактан, тынч кулак” деп башка үжүрө издеп жөнөдүм. Кыйналып жатып тапсам:

– Балаң барбы?–дешет баш аягымы карап.

– Бар,– дейм жагыштын амалында муңайым.

– Анда болбойт, бизге бой киши керек, –деп кууп чыгышат.

Ушинтип үйүң жок болсо, көрүнгөндүн эшигин сагалайт экенсиң. Борбордо жашаганыма көп жылдардын жүзү болгону менен канча жылдан бери там салганга жер алалбайм. Тойдум ушундай жашоого. Өлгүм келди. Эки кулач жип сатып алдым. Элден далдоо жер караштырып жүрсөм бирөөсү акыл болду:

– Өлүп калсаң эле проблемаң чечилип калбайт. Үй-бүлөң, ага-тууганың азап чегет. Андан көрө жерге, үйгө зарыккандар мекен издеп, жер басып алып жатышат. Ошоякка бар. Ишиң оңунан чыгып калгысы бардыр,–деди.

Бардым. Несин айтайын, мага окшогондор жүнүн жейт. Таң калдым. Кыргыздын баары эле талаада калганбы деп жүрөгүм ооруду. Эл кылганды кылдым. Алардан калышпайын деп жай бою тырмышып жүрүп эки бөлмө кепе тургуздум. Өз үйүң өлөң төшөгүң болгону кандай сонун! Бетиме кызыл жүгүрүп, кичине адамга окшоп калдым. Үй–бүлөмү көчүрүп келдим. Элге окшоп жашай баштадык. Күздө эчтемеден эчтемеси жок туруп шаардын мэри Кулов деген немеси айылды орду түбү менен жок кылды. Бийлик дегениң сокур неме болот тура. Элдин көз жашын караган жок, андай-мындай дебеди, ордуна бирдеме бербеди. Милийсасын жайнатып, эмеле адам кейпин кийип, жаз, жай бою кыйналып салган ондогон бей-бечаралардын тамдарын заматта бульдозер менен тегиздетип салды. Ит кылды. Канчообуз талаада калдык. Убалыбыз кимге. Бизди ойлогон бирөө болбоду.

Тажадым ушундай турмуштан. Эч кимге керегибиз жок экен. Бут жооруду. Тил тешилди. Күндө салпактап Мекен издейм. Башпаанек издейм. Атым бар. Фамилиям бар. Билимим бар. Мекеним жок. Жерим жок. Атаңын конушунда билинбейт экен. Чоңойгондо, очор–бачар болгондо азапка салды. Кыйнады. Ошондо түшүндүм. Үйүң, Мекениң болсо кай жактан болсо да кайрылып келээриңди, Ата Мекениң болоорун. Ал болбосо көрүнгөндүн эшигин сагалап иттен айырмаң жок калаарын.

“Жетишет!”–дедим бир күнү өзүмө өзүм. Менин дагы көрөр күнүм бардыр, акыры мен да ысык жанмын го деп жолго аттандым. Сөзсүз табам. Табышым керек. Ага мен милдеттүүмүн. Таппасам адамдыгым не? Жетишет! Мекенди бирөө бербейт. Аны өзүң жаратышың керек. Чыйралдым. Көз алдыма үй-бүлөм, ага-туугандарым элестеди. Жан дүйнөм болуп көрбөгөндөй кубат алды. Көчөгө чыктым. Ошондон бери жолдомун.

* * *

Ал атасыз өстү. Азапты көп жеди. Турмуштан кыйналды. Үйлөнөм деп чыксыз калды. Балалуу болгондо кайнатасы торпок энчилеп берди. Анысы чоңоюп уй болду. Уйдун торпогун сатып, кой алды. Жылдар өттү. Ую уйга, кою койго көбөйдү. Байыды. Аялы төрөп башына баш кошулду, малы төлдөп короосу толду. Баласы ооруса урушуп, малы ылаңдаса кайгырды. Жонунан атасынан калган куур тону, бутунан чокою түшпөдү. Тамтыгы чыккан алачыгын жамгыр тешти, шамал тытты. Өзүн бит, малын жөлөк басты. Балдары дайыма ачка болду. Сасык тер жыттанган немеге:

– Ата, ичеличи, жейличи! Адамдын жанынан да мал артыкпы? –дешти балдары.

Уккусу келбеди. Ынанбады. Оолактады. Ачка, жеп ийчүдөй көрүнгөн балдарынан качып, төрт түлүгүн көтөрүнүп жайлоодон жайлоого, кыштоодон кыштоого көчүп конуп жүрдү. Ошондой күндөрдүн бир күнүндө өзү да ачкалыктан кезерип бүк түшкөн шордуу эсине келалбай өз малынын туяк астында калды.

* * *

Суу-Башына ууга барганбыз. Асман тиреген аска–зоолордон жаныбызды оозубузга тиштеп алып кийик уулайбыз. Күн салкындап, кийиктер ылдыйлай баштаган жогорку чокуда өңүп жаткан Искендер деген неме кайберендерди аралай томолонуп-жумаланып келатат. Кызык көрүндү. Аюу кол салганбы деген ойдо баарыбыз тосотту таштап аны көздөй чуркадык. Өң алеттен кеткен мергенчиге эчтеме деле болбоптур. Бирок анын кеби эсибизди оодарды.

Мергенчи чочулагандай эле болуптур. Искендер тоонун кылда чокусуна чыгып, кийиктердин жатагына баратса көк шибер ойдуңда кадимки каз таман тракторлор калтыргандай изди көрөт. Каз таман из көк шибердин үстүнөн кырк кадамча барып бүтүптүр. Кайдан келгени белгисиз башталган, бүткөн жериндеги чөптүн сабагы сынбаптыр.

“Трактор эмес, кийиктер өздөрү араң жүргөн жерде трактор эмне кылсын. Бу башка планетадан келген адамдардын иши” деп түзеле бизди карай чү коюптур. Мен дагы “башка планетадан учуп келген корабль аргасыз конгонбу” деп калдым. Анткени мындай шумдуктуу окуялар Суу–Башында далай айтылганын кулагым чалган. Көптөр күбө болгон окуяны кантип ишенбей кое аласың. Анан Искендерге окшогон чопчоң эле кишилер айтып жатса.

* * *

Кээде турмушта бир көргөн адамың менен өмүр бою бирге жүргөндөй мамиле түзөсүң. Мамади агай менен ошондой учурда кездештик. Оюбуз бир жерден чыгып, пикирибиз келише түштү. Эки-үч жылдан бери түндүк-түштүктөгү Теңизбай туугандарды баш коштуруу демилгеси менен жүргөнүмдү абдан кызуу колдоду.

Эл араладык. Сүйлөштүк, акылдаштык. Жакшы, жаман сөз болду. Негизинен эл кубаттады, макул көрдү. Жолугушууну ак төөнүн карды жарылган күз айларында өткөрөлү деп чечтик. Капыстан Мамади агай:

— Эми Шарип аксакалдын астынан өтүп коелу ансыз бизде эч кандай иш чара өтпөйт,–деди.

Агайдын сунушу эптүүдөй угулду. Аксакалдын үйүнө келдик. Дасторкон үстүндө:

– Аксакал, мобу бала көптөн бери түндүк–түштүктөгү туугандарды баш коштуруу ниетинде жүрөт. Быйыл жолугушуу өткөрүүнү эл менен макулдашып, акылдашып келдик. Сиз кандай дейсиз? –деди Мамади агай.

– Кандай демек элем, бу балаң кыйналбай нетпей эле койсун. Анча–мынча иштерден колум бошоп, ден соолугум жакшы болсо өзүмдүн, же кудая шүгүр, балдарымдын кудурети жетет, бу ишке,–деди Шарип аксакал, жылан чакпай, жылкы теппей. Ык туттум. Тамактан чай өтпөдү. Оозунан алдырган түлкүдөй сыртка чыктык.

– Агай, бу эмнеси, ыя? Эки жума мурун эле дасторкон үстүндө “макулмун сени колдойбуз. Эр жигиттин ишин кылып жатасың” дебеди беле?–дедим оор үшкүрүп.

– Жапаке, анын эмнесине капа болосуң. Заманына жараша тушоосу деген ушу. Канча эмгек талаага кетти. Бут тосту, же ич тардык деп башыңы ылдый салба. Көтөр башыңы,– деди агай автобекетке келгенде

– А өткөндө өз оозунан чыккан аксакалдык сөзү, карыялык касиети кайда барат?! Ушинтип эле орто жолдо кала беребизби?

Суроо жоопсуз калды, себеби ошондой адамдардын, ошондой замандын күнү тууп турган.

* * *

Пединститутту бүтүп көпчүлүк убактарда талаада иштеп жүрдүм. Жылдар өтө берет экен. Талаалап жүрө берсең үйсүз калгыдайсың. Совхоздун директоруна ат тезегин кургатпай бара берип үй куруу үчүн жер участогун бөлдүрүп алдым.

Жаз айы эле. Кийин бирдемеге жарап калар деген илгери үмүт менен мектептен отуз алма, отуз терек көчөтүн сатып келдим. Айыл жеринде кашаа кармап, бак–шак тигип койсоң билинбей чоңое берет эмеспи. Жекшемби күнү арык чаап, жер казып, апам көчөттөрдү кармап берип күнү бою иштедик.

Апам:

– Балам, эмки жылы эле көчөттөрүң бой керип калат. Анан бирдемеңе жаратып алаарсың, –десе териме батпай кубанам.

Үч күн ичимен кудуңдап сүйүнүп жүрдүм, чоң иш аткаргансып. Иштер менен алаксып дем алышта көчөттөрүмү сугарып коеюн деген максатта огородума келсем, кудай жамандыгын салбасын, өткөндө эле апам экөөбүз күнү бою жүрүп тиккен көчөттүн бири жок. Баарын сууруп туш келди ыргытышкан экен, чачылып жатат. Тамыры небак кургаптыр. Көргөн көзүмө ишенбей коңшум Султанга учуп жеттим. Ал “билбейм, чалдан сурап көрчү”–деп баш чайкады. Андан өтүп дагы бир коңшум Адилбай аксакалдыкына чү койдум. Кудай жалгап үйүндө бар экен. Короосунда жүрүптүр. Салам айттым. Жактырбагандай кабагын бүрктү.

– Адилбай аба, бир жума илгери эле тиккен көчөттөрдү кас бирөө бирин калтырбай көөлөп салыптыр. Сиз биле алган жоксузбу, ким көөлөгөнүн? –дедим.

Жооптун ордуна кайра мурчуюп, сакалы сербеңдеп кетти. Ошондо дароо сездим ким колдуу болгонун. “Кантип эле?...” деп ойлогончо чаңырып ийди.

– Ээ бала, менин огородума көлөкө түшсө жакшыбы? Сага ким уруксат берди?

Уккан кулагыма ишенбей делдейип туруп калыпмын. Көптө барып оозуму ачтым.

– Ээ, аба, илгертен көк тиреген коңшулардын тал–тереги, бак–шагынан көлөкө түшпөй, кечээ отургузган жаш көчөттөрдүн көлөкөсү түшүп калабы?–десем мелтирейт. Колундагы тырмооч менен уруп жибере тургандай тап берип:

– Мен сага айттымбы, болду. Отургузба, көлөкө түшөт, – деди. Айлам кеткенде:

– Адилбай аба, огородго көлөкө түшсө түшсүн, асти, адамдын көңүлүнө көлөкө түшпөсүн. Жакшы калыңыз, –деп жолго түштүм.

* * *

Институтта үчүнчү курста окуюм. “Мой адрес Советский Союз”, деген ырды жаш, карысы дебей ырдап, ооздон түшпөс модага айланган кез. Рахман деген курсташым экөөбүз Оштон Сузакка жалпы таанышыбыздын туулган күнүнө баратканбыз. Автобуста эл көп. Курсташымын кыздарга тийише коймой жакшы адаты бар эле. Дагы ошонусу кармап, эки татынакай кыздын жанында шынаарлап калды. Ал убакта “Сиз каякка баратасыз, кай жердиксиз?” деп түз эле айтып таанышуу мода болчу. Рахман дагы ушу ыкмага салып кыздарга тийише койсо, шудуңдаган бирөөсү “Мой адрес Советский Союз” деп, экинчисинен сураса “Орто Азиялыкмын”дейт. “Кайда бара жатасыз?” десе деле “Орто Азияга баратам” деп коет. Рахмандын шагы сынып калганбы:

– Дагы жакшы, Кытайга баратпапсыз,–деп кыздар менен уруша кетет. Байкуш оюнда эчтеме жок баео кыз бышаңдап калат. Автобустагылар кыз жандууну тартипке чакырып, кызды араң тыйышат.

Мейманга барчу жерге жетип, автобустагы окуяны айтып берсем, үйдүн ээси көзүнөн жаш чыкканча күлдү.

– Ой эмне болду, деги түшүндүрчү.

– Силерге ыймандуу кыз туш келиптир, Сузакта Орто Азия деген жер бар. Ошоердик кыз менен таанышкан турбайсыңарбы, –дегенде биз дагы күлдүк.

Эртеси райондук гезитке Рахман группалашым “Ортоазиялык кыз, мени кечирип кой” деген мааниде жарыя берди.

* * *

Айылдык мектепте иштейм. Союз убагында гезит–журналдын мээсин чакчубуз. Политинформация деген балээси такай өтчү. Айылдык мектепте не, үч–төрт жармач сабактан кийин башталчу талаш. Мектептин алдындагы отургучта эки завуч, завхоз, мен, анан англис тили мугалими болуп дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктардын тегерегинде кеп башталат. Басма сөз бетиндеги бажырайган тамгалар калбай талашка түшөт. Эч ким четте калчу эмес. Баарыбыз кызуу катышчубуз.

Ошондой күндөрдүн бир күнүндө почтону ача салсам республикалык гезитте менин аңгемем жүрөт. Сүйүнүп кеттим. Эми менин аңгемемдин тегерегинде кызуу талкуу жүрүп, сын–пикир, жаман–жакшы ойлор айтылат го деп күтүп калдым. Бирок караң калгылар, ошо күнү бири да “лам” деп ооз ачпай коюшпадыбы, талкан толтуруп алгансып. Мактанып атат дебесин деп өзүм дагы “аңгемем чыгыптыр” деп сөз баштай албадым. Партиянын күчү ушунда эле, идеологиянын туу чокусу болгон республикалык гезит-журналдарга сөзсүз жазылчубуз. Балким ал күнү почтону албай калышкандыр деп да шексиндим. Эртеси күттүм, кийинки күндөрү... Үмүтүм зор болчу чыгармам жөнүндө бирдеме айтышаар деген. Тескерисинче көрмөксөн, билмексен болуп коюшту. Көралбастыктан бирге иштеген кесиптештерим көңүл улаганга жарашкан жок. Капырай де, чогулушу чогулабыз, бирок бирөө бирдеме деп ооз ачып койсо не? Ачпайт. Талаш токтогон. Көр тирликти айтып мыңкылдап күн кечкиртебиз. Ошентсе деле бирөө баштайт го дейм, үмүтүм өчпөй...Жок. Баары эле ооздоруна кум куюп алгансып тымпыйышат. Жыйынтыгы нөл. Ана сөз баштайт, мына сөз баштайт менен жүрүп арадан апта алмашты. Ага чейин канча гезит – журнал алдык, политинформация өттү. Баары дудук. Пикир угам деген үмүтүм таш капты. Көңүлүм кирдеди. Күтүүдөн тажаганда мен дагы тымпыйып койдум.

Кийинки аптада акырындап жаңылыктар күңк–мыңк айтыла баштады. Анан кызып кетишти. Кийин бири–бирине сөз бербей кызыл чеке болуп талаша баштаганда гезит–журналга бирден чыгарманы жөнөтүп коем. Анан эле акылдуусунган коллегаларым кушту көргөн кекиликтей дымып калышат. Түшүнбөйсүң, неге антишкенин. Бирок, турмуш кызык ээ, бокочо көргөн немедей дымып калышканы.

* * *

– Мен баарынан мыктымын. Балдар мени жакшы көрүшүп, ат кылып ойношот.

– Мен сенден жакшымын. Мени татынакай кыздарга салыштырышат. Капыстан түндүктөн соккон шамал экөөнү түбүнөн омкоро жаздады.

– Ар ким өз чырайын айтат. Мактаныштан абал, ар ким өзүнө сын көз менен караган да дурус, –деди башы жерден араң эле көрүнгөн коңшусу.

Бетегени угушту. Бирок, Кулунчак менен Гүлкайырдын арамзалыгы тутуп, кичине немеге теңелип, улук боюбузду кичик кылып ийлип отуралыбы дештиби унчугушкан жок. Болбосо акесин таанытат элек деп ойлошту.

* * *

Бу эмнеси? Кечээ эле буерде токой бар эмес беле?

– Адамдар аны кыйып, үй салышты.

– Ой, алмуздактан бери салаңдаган аска жок. Кайда кетти?

– Кабарың жокпу, адамдар өткөн аптада аны бузуп, жол салышкан.

– А, тиги эмнеси ботом?

– Көрбөй атасыңбы. Ал деген космос корабли. Адамдар айга учуп баратышат.

– Өх, и–ий! Качантан бери тишим ооруп басылбайт. Дабаасын тапчы, тууганым.

– Тиш ооруга дабаа жок. Чыда. Ооруса өзү басылат.

* * *

Ноокен районунда пахтадабыз. Кечки теримден кийин тамактанып атканбыз. Аңгыча курсташ жердешим адыраңдап келип:

– Педфакта окуган Базаргүл деген классташыңы ала качып барып тоого таштап келдим, –деди сүйүнчүлөп. Көз алдыма татынакай классташым элестеди.

– Жакшы болгон турбайбы. Бактылуу болгула, –дедим ак тилегимден. Антип–минтип арадан бир ай өтүп кетиптир. Кырманга келаткан жеримен курсташым буулугуп тосуп алды. Кызуу экен. Муруттары сербеңдейт.

– Сени кайсы кара теке сүздү, –дедим жаным кейип.

– Үйдөн кабар келди. Классташыңы Россияда окуган Сашка деген жүргөн жигити келип ээрчитип кетиптир. Эми шерменде болбодумбу.

– Деги өзүң сүйлөшүп алып качтың беле?

– Жок, баягы кечеде бир көрүп эле жактыргам.

– Кызык. Сүйгөн жигити алып кетсе алардын сүйүүсү чынында керемет экен.

– Кайра барып, кайрып келели,– мурдун шуу тартты. Чылым түтөтүп үйлөдү.

– Чыныгы сүйүүнүн аягы ушундай бүтмөк. Акылың болсо алардын аруу махабатына, таза сүйүүсүнө арамдык кылба. Кайра барган менен деле кайрып алалбайсың. Ортодон от чыгып кетиши мүмкүн. Келди, кетти. Унут,–дедим.

Ынангансып калды. Бирок көңүлү ордуна келбей күңк этти.

– Анда башкасын... Уккан эл эмне дейт?

Ага мен ынаган жокмун. Бирок куру намыс деген жаман экен. Баары бир алдырып койду. Анча өтпөй дагы бир кызды ала качып барып тоого, ата–энесинин үйүнө таштап келди. Эми мунусу аман тургай эле дедим ичимен сызып. Студенттик күндөрдүн дагы бири ушинтип өтүп кетти.

* * *

Жаңыдан жазып жүргөн кезим. Райондук гезиттин редакторуна балдар үчүн жазылган эки аңгемемди алып келдим. Айта жүргөн сөзүн менден да аябады.

– Аңгеме жакшы жазылган. Тили ширин. Бирок анда сүрөттөлгөндөй тамыңа жакын дөңдөгү мырза теректерге чыйырчык эмес, таранчы уялабайт. Чыйырчыктын мукам үнүнө маашырланганың турмушка коошпой турат. Жок кыл, –деди. Айтса эп экен да. Андай дедим, мындай дедим. Көгөрүп туруп алды. Жадаганда:

– Эмне, анда Айтматов Акбара менен жатып–туруп жүрүп жазды дейсизби, –десем көздөрү алайып отуруп калды.

Кийинки жума иш менен барып облустук гезитке кире калдым. Орто бойлуу, ак саргыл Ризван деген кызматкер кызы окуп көрүп эле:

– Кыргызстанда учтуу тоолор болобу? Андайдан кабарым жок экен, –деди кайдыгер.

– Учтуу тоолор бар экенин сен билбесең мен билем. Мен ошо тоолордун арасында жашайм. Аскасын ак мөңгү каптап, көзгө ажайып көрүнгөн учтуу тоолор бизде болбосо кай жерде болмок эле, –десем да ынанбады.

– Учтуу тоолорду жок кылып кел,– деп көшөрүп туруп алды.

Ушундай учурда адамдын шагы биротоло сынып, жазгандан көңүлү көк таштай калышы керек эле, тескерисинче, мен кайра чыйралдым.

– Ар ким эле өз кудугунун деңгээли менен өлчөй берсе бирдеме жаратып болобу?, –дедим да республикалык гезитке салып жибердим. Көп өтпөй биринин–артынан бири чыгып калды. Ошондо түшүнүп жүрбөйүмбү, туура болсо, болбосо деле өзүнүкүн эп көрүп, кылдан кыйкым тапкан шайтандын кичинеси азапка көп салаарын.

* * *

Бишкек бардар шаар. Кааласаң баары бар. Кадам сайын май куюучу бекет, кадам сайын камок–базар, кадам сайын солкулдаган кыздар...

– Базары жакын жарыбайт?!–дейсизби

– Мүмкүн ошондойдур.

– Эмне дедиңиз? Кайра кайталасаңыз. Аа-а, эми жетпедиби. Андай кыздар Париж, Москвада деле кычы. Бузулса ошолор бузулуп кетмек.

— Бишкек бир күнү сөзсүз жарылчу бомбанын үстүндө турганын билесизби?

— Сиз май куюучу бекеттер жөнүндө айтып жатасыз го.

— Так үстүнөн чыктыңыз. Бейиш бир күнү тозокко айланаары тууралуу айттым.

— Париж, Москва деле он жолу өрттөнүп, он жолу тикеленбедиби. Бомба жарылса эмнекен, жаңы Бишкек тикелейбиз, — деп айта жаздап барып тилими тарттым.

Бишкек бу Париж же Москва эместигин, өрттөнүп көрө электигин, бир эле жолу өрттөнсө сүйүктүү шаарымдын ордунан таппай калаарымды, Ата-Журттун астына катылган бомбалардын анабашы Силаев, Кулов дегендердин кайдыгерлигин ойлогондо төбө чачым тик турду.

Жараткан нерсебизди өзүбүз бүлдүргөнгө уста экендигибизди, азыркы заманда бүлүнгөндү тикелеш кыйын болорун билем. Айтасың, дейсиң, бирок күйгөн элдин сөзү суу кечпейт. Аны уккан ким бар? Эч ким. Бийликтегилердин кылганы болсо бу–кадам сайын шаар алдына бомба катып, тозокту жакындатып...

Балээнин баары кызыл кекиртектен, өзү тойсо да көзү тойбогон бийлик төрөлөрүнүн ач көздүгүнөн, өз Ата Журтун акчага алмаштырып ийген кайдыгерлигинен кичинекей Парижге окшогон Бишкегимди жер үстүнөн жоготуп аламбы деп жүрөгүм ооруйт, санаам тынчыбайт. Айла кеткенде кыйкырган сөзүм:

–Эй, көр пенделер, жашоо баарыбызга тең. Кеч болуп калалекте акылыбызга келеличи, урпактарга таза өткөрүп береличи!

* * *

– Апа, атамын боз жоргосун эмнеге союшту?

— Ал атаңын керегине жарабадыбы, уулум.

— А, менин кашка тайымчы?

– Кашка тайың кошумча болуп кетпедиби.

– Эми бизге кыйын болот ээ, апаке?

– Тобба де балам. Заман дайым эле ушинтип туруп албас. Эл өлтүрбөйт, жер жерибейт. Тапканын элге чачтык. Кудай жараткан пендесин кайра өзүнө алып кетпедиби... Ошондуктан кудуреттүү Теңирге кулдук ура жүргөн жакшы.

– Атамдын жаны бейиште жүргөндүр ээ, апа?

– Атаң өмүр бою бейиште жашаган, айкөл адам эле. Ошол турпатында кудайдын бейишине да кирген болуу керек. Тобба дейли.

– Атам неге өзүн кудайдан өлбөс кылып сурап алган жок?

– Андай өлбөс өмүргө кудайдын өзү гана татыктуу. Кудайдан улук сүйлөгөн болбойт, балам.

– Ошентсе деле оорудан кантип сакаюунун жолун сурап алса болот эле да. –Болот эле... бирок... атаң экөөбүз өмүрүбүздө бир гана нерсени сурап алдык. Ошонусуна шүгүр...

– Апа–оов, эмнени сурап алдыңар, билсе болобу?

– ...сени сурап алдык. Сен кудайдан сурап алган уулубузсуң. Атаң өлгөн жок. Анын жаны ата туягына өтүп кетти. Ошон үчүн атаң сакалын жашка чайып, атыңы Алтымыш койгон. Буюрса жаңы кылымда атаң өстүргөн ажайып бактын чок ортосунан орун алган мектепке барасың. Кат тааныйсың, бак тигесиң.

– Мен бак тиге аламбы, апаке?

– Тигесиң балам, тигесиң. Сен эми чоңоюп калбадыңбы. Бак кудаанын бейиши. А бейишти жаратканга атаң уста эле...

– Анда мен дагы бейиш жаратам ээ, апа!

– Ошент балам, ата жолун улаган жакшы. Бүгүн эле башта.

– Макул апаке, мен барайын, –бала бак аралап басты.

* * *

Декабрь айынын аяздуу күндөрүндө кадимки бүйрү кызыткан ак саргыл жаз гүлүн – байчечекейди көрдүм. Жараткандын көзгө сүйкүм көрүнгөн махабат гүлүнө суктана тигилдим. Ал да мага жароокер, сүйкүмдүү жылмайган болду. Мен аны табиятынан кошо энчилеген жароокерлиги го деп сездим. Ошентип суктана карап тура бермекмин, бирок жагдай жол бербеди. Капысынан аяздуу күндө көрүнүп, көңүлүнө бүлүк түшүргөн сыйкыры күч, жаз гүлүнө салыштырган ак саргыл кыз чачын ак аралап калган кудаанын момун пендесин апкаарытып салды.

Оо көптө тили араң күрмөгө келген неме.

– Байчечекейдей кулпунган татынакай жан экенсиң. Кудайым сага өмүр берсин,— дегенге араң жарады.

Ошол кезден ак саргыл кыздын элеси көз алдынан кетпей койду. Алыс болсо капкачан бармак, жан дүйнөсүн ачып салмак. Ал турсун дербиш кызматын өткөрсө да Африкага чейин жетмек. Тилекке каршы, байчечекей кызды кудаанын момун пендеси өзү жүз жолу кирип–чыгып жүргөн эле ишканадан көрүп жатпайбы. Ошон үчүн кезиге албай кыйналып жүрөт. “Татынакайым, сен менин сүйгөн, сыйлаган байчечекейим болчу” деп айтыш үчүн гана алыска, түндүк муз уюлуна кетип калгысы келип турду. Анткени саргайткан алыскы махабаттан, күйгүзгөн жакынкы махабат күчтүү, сүрдүү өңдөндү. Бир кадам жүрүш жасап болгон жан дасмиясын ачып салгандын ордуна, миңдеген чакырым жол жүрүп, азап тартып, анан бүйрү кызыткан жомогун баштоону эп көрдү.

Байкуш жол узак, кышында көргөн бачечекейи айтса макул көрөбү, көрбөйбү, көрсө, ал келгенчекти байчечекейи күтөбү, күтпөйбү күтсө, көкүрөгүнө баш коебу, койбойбу, түк эсептешкен жок. Кеткиси эле келип туруп алды. Сүйүп же сүйүүсүн билдире албай азап чегип, дербиш болуп кетээрин карыган чакта ал кайдан билсин?

* * *

Түнөргөн асман чарт экиге бөлүнүп, соймоңдогон азыткынын тили жер–сууну куйкалап кетчүүдөй көрүндү. Күр–шар этип көктөн көрүнгөндө эле капчыгай – төрдүн өпкө–жүрөгү куушурулуп, аркайган аска–зоонун чокусу дирилдеп кетип жатты. Белинен сынып кетчүдөй болуп ийилген карагай–арчага кошул–ташыл карарган тоонун боорунан башат алган дулдул добуш ачылган терезе–каалганы бири–бирине карс уруп, жамгыр чакырды. Анча өтпөй көнөктөп жааган нөшөрдөн талаа–түз кызыл ашыктан көлдөп, чарт–чурт эткен чагылгандан, терезеге чаба жааган жамгырдан корунуп, коркконубуздан бүрүшө калып жаттык. Бак–шактар “карс” сынып, шамал кадимкидей улуп турду. Үрөй учурган күркүрөктөн үкүнүн канатындай үлбүрөгөн наристе сезимибизди бөтөнчө дирилдетип, башыбызды төшөккө ката калабыз.

– Коркпогула, коркокторум! Жазгы жамгыр дайым ушинтип коркутуп келет. Бирок анын арты кайрымдуу болот. Буюрса, быйыл таштын үстүнө да чөп чыгат. Демек тоют мол болуп, кызыл данга марыйт экенбиз. Мындай нерсеге кубануу гана керек, анткени жамгырдан жер көгөрөт эмеспи,— деди апам биздин жүрөгүбүздүн үшүн алган жазгы добулга жан тарткандай.

Көрсө, табигат дайыма чагылганын чартылдатып, нөшөрүн көнөктөп төктүрүп, шамалын ышкыртып, балдардын үшүн алып, кыйналып–кысталып жатып араң жараткан молчулугун, жоомарттыгын адамдарга ушинтип тартуу кыларын мен а кезде кайдан билдим, араң эле жетиде болсом.

* * *

Педагогика татаал илим. Аны мектепте иштеген киши билет. Анан калса жаңы эле бүтүп келген жаш маалимге мектеп укмуш дүйнөдөй көрүнөт. Алгач көнбөйсүң. Көнүккөндөн кийин чыгалбай жүрө бересиң. Бала менен бала болуп жүрүп жылдар өтөт. Айрыкча биринчи иштеген жылың эсте калат. Ошондон айтайын.

Мугалим болуп иштеген биринчи жылы чуркап эле, жасап эле, иштегенсип, кыйраткансып эле жүрөсүң, бирок, баары бир аткарган жумушуңдун акыбети көрүнбөгөнсүй берет. Бир күнү биринчи класска жаңы тема түшүндүрүп аткам. Аңгыча класска байкоосуздан, чакыртпай–нетпей эле арткы партада отурган, бетин сепкил баскан кыздын чоң энеси кирип келбеспи. Жаш маалим эмесминби “лам” деп ооз ачалбай оңтойсуз абалда калдым. Жеңин түрүнгөн кемпир небересин издегендей классты сыдыра карады.

– Ай, маалим бала, сен эмне менин небереми артка отургузуп койгонсуң. Ал эмне, башкалардан кем бекен? Өзү кибирейген тырнактай болсо... Сен аны билбей артка отургузуп коюпсуң. Алдыга отургуз, садагасы, –деди буюра.

Ушуну кантип аңдабай калдым экен? Балдарды отургузууга менин тиешем жок болгону менен уялып, анардай кызарып кеттим. Катаны дароо оңдоого шаштым. Бетин сепкил баскан кыз алдыңкы партага келип отурду. Кемпир чыгып кетти.

Акыркы саатта тогузунчу класска кирдим. Дагы күйүп калбайын дедимби саламдашып, үйгө берилген теманы сурабай туруп, эң акыркы, болгондо да эң бурчта отурган эртең менен келип кеткен ажаан кемпирдин чоң небере кызын таанып, кыстап жатып алдыңкы катарга котордум. “Чоң энеси сүйүнүп калсын. Кудаа буюрса, бүгүн бир ата–эненин көңүлүн алып койдум”–деп ойлондум өзүмчө корстон болуп. Түшкече мантайып жүрдүм. Түш оогондо жанагы кыстап жатып алдыңкы партага отургузган кыздын дулдул чоң энеси түзеле мугалимдердин бөлмөсүнө баш бакбасбы. Албетте, бөлмөдө мугалимдер көп болчу.

– Ээ, корукчунун жаман баласы, сен эмне менин небереми алдыга олтур деп кыстайсың? Чоңоюп калган кызга да ушундай мамиле кылабы? Эптесең иштебейсиңби, телтейбей! Кызымы кайра ордуна отургузуп кой, –деп чуу салды. Не дээрими билбей селейип, ортодо кызарып турдум.

* * *

Институтту бүткөн жылы Ылай–Талаада иштеп калдым Ошондо бир кишиден уккан окуя эсимде калыптыр. Эмесе ошого назар салыңыздар.

Илгери ошердик Айтпай деген киши Шаркыратмадан түшүп келатса бет алдынан ары–бери өткөндөрдү тоногон каракчылар чыга калат. Айтпай кайда качаарын билбей көзү алаңдайт. Бозо кекирген тору атчаны сурайт дейт:

– Сен кимсиң?–деп үзөнгүсүн чирене тээп.

Айтпай аке коркуп кеткенинен шашып кетип:

– Айтпаймын, –дептир жер карап. Тору атчаны ансайын кекетет.

– Уу–у энеңди... айтпаган сени!–деп ур токмокко алыптыр. –Кана эми айт. Кайдан келатасың? Кимсиң?–десе деле.

– Оо Айтпаймын, Айтпаймын деп атпайымбы, –дей бериптир, чучуктай чыңырып.

– Айтпасаң мына...–деп жол тоскондор көк ала койдой токмоктоп, жолго таштап кетиптир. Жазыксыз токмок жеген Айтпай кечинде араң илкип келет. Кийин жакшы жаманда: “башкача эле жооп бербейсизби, бусурманым”,–деп сурашса, “Ой, силер дагы кызык экенсиңер. Атым Айтпай болсо, “Кимсиң?” десе “Айтпаймын” дейм да дептир көктүгүн бербей. Мен ошо Айтпай акенин балдары, неберелери менен чогуу иштеп калдым.

* * *

– Эй, деги асманда канча ай бар?

– Ээ, жарыктык киши, ошону да билбейсизби? Майлуу орунга умтулган канча талапкер болсо ошончо да.

– Көрүнгөнү асыла берип айды деле жөн коюшпады.

– Чыдаңыз абышка! Күлүктөн күлүк чыгат. Акыры бир азаматы чыгып энчиленип тартууга кеткен, убадага таркатылган айды ордуна койгон учур да келээр. Агаче чыдайлы, чыдап келгенбиз, чыдай беребиз.

– Качанкыга чейин чыдайбыз, ыя!

– Аны тигилерден сура. Ошолор билет.

– Тигилерден?! ... Мм–мда!

Шайлоонун айлангөчөк оюну ушу эмеспи.

* * *

Кылгылыкты кылып коюп, соңунан кечирим сурагандан уялбайсыңбы, шуркуя!

– Ак чөп башта, күнөөлүүмүн. Кечире алсаң, кечир жаман жарыңды.

– Сага бу да аздык кылат.

Эркек аялын тери ийлегендей ийлеп салды.

– Арстаным, жан соога, жан соога! Жаман да болсом балдарыңдын энесимин, кечир! Сен кечирсең, кудай кечирет. Кечиримден кийин тескери жолго жүрсөм мүрт кетейин. Ишенсең өмүр өткөнчө сыйлап өтөйүн. Ишенбесең мына; урсаң, жек көрсөң, талак койсоң өзүң бил. Мен алдыңдамын. Качпайм.

Эркек жан шеригинин сөзүнө ишенип, камчысын илди.

Жылдар өттү. Балдар жетилип, очор–бачар түтүн булатып кетишти. Кемпир–чал үйдө калды. Аял качанкы убадасы боюнча, картайганда жаш балача кыял күткөн абышкасын жакшы карады. Сыйлап келди. Бир убакта залим көрүнгөн эркек, эми минтип аялынын көзүн карап, өзү деле толуп турган жигиттик курагында көп эле жолу тескери жолго басканын муңайым эстеп, карыганча жашырып келгендиги үчүн кемпиринин алдында купуя күнөөгө батып, көзүнүн шоросун куюлтуп, жараткандан кечирим сурап жүрдү.

* * *

Автобуста экөө кобурашып баратат. Кулагымы төшөдүм. –Өткөн суукта Нарында эки келин жолдо тоңуп өлүптүр.

– Эмне, экөө тең өлүптүрбү?

– Жок, жо–оок! Семизи өлүп, илмийгени тирүү калыптыр.

– Илмийген неменин эмнеси тоңмок эле, –деп атпайбы, үргүлөп бараткандын бирөөсү күлкүнү келтирип.

* * *

– Ассалоом алейкум! Майрамыңыз менен, кадырлуу кошуна. -Ыя, Жапаке, кайсы майрам? Майрам дегенди унутуп калбадыкпы?

– Бали, абаке! Айтпаса билбейсиз,– манжаларымы бириндете чычайттым.

– Дениңиз сакпы?

– Сак.

– Үй бүлөңүз аманбы?

– Аман.

– Ишиңиз, жашооңуз жакшыбы?

– Кудая шүгүр.

– Маанайыңыз ачыкпы?

– Ачык.

– Заманыңыз тынчпы?

– Тынч.

– Мына, майрам деген ушу! Кокус жаза тайып, ишсиз ооруп калган, асманыңызда бомбасы салаңдап, самолету учкан, тоолоруңузда сакалчандар жойлоп жүргөн күндү көз алдыңызга элестетип көрүңүзчү, азыркы ач жылаңач заманда.

– Ой, чынеле, анын бетин ары кылсын! Эми жетпедиби. Майрамың менен!

– Майрамыңыз менен!

* * *

Тай–тай туруп, жерден токмок жеп жүргөн 50-жылдардын аягы.

Ууланган буудайды тарттырып жеп кеселдеген атам менен апама кошуп бир агам, үч эжеми ооруканага алып кетип, мен Кады эжемдин колунда калыпмын.

– Апаңы сагынып кусалангандан алгач бизге анчейин көнбөй жүрдүң. Көп ыйлачусуң. Ошондо сени алдейлеп көп көтөргөм, –деп калчу эжемин уулу Төрөбек.

Эки–үч ай дарыланышат. Апамдар ооруканадан чыгып келишкенде мени көрүп көздөрүнө жаш тегеренет. Чачым тасырайта алынып, сагынчтан кусадар болгон көздөрүмдүн оту өчүп, делдейген кулактарым ансайын делдейип, ыраңым кан–сөлү жок бозоруп, өтөле муңайым көрүнсөм керек. Атам, же апам, эжелерим, жадагалса Кады эжем чакырса үйрүлө талпынбай таптакыр жат болупмун. Эч кимисинин чакырганына барбай чыргоолоно берсем керек. Ымыркай баланын акылында эмне калды дейсиз? Оорудан алсыраган апамы тааныбай, кайра апа издеп, бытыгый, ипичке колдорум эшикти көрсөтө талпынып, өз ичинде чоочуркаган көздөрүмөн мөлт–мөлт жаш куюлса чоң–кичине түгөл ыйлайт. Жүрөктөрү сыздайт. Аяшканы, жакшы көргөнү, бөпөлөгөнү мен.

– Баланын кусалыгынан өткөн жаман нерсе жок. Кудаанын амири менен азың кетип, көбүң эсен калдың. Калгандын өмүрүн берсин. Жапашымды бооруңарга алып, жакшы карагыла. Баралына келгенде түзүк адам болот, –деп чекемен сүйүп, апама бериптир ыраматылык Кады эжем.

Менден кийин апам бешти төрөдү. Баары кудая шүгүр, окушту–чокушту, бүлө күтүштү. Кесел эмне, кусалык эмне экенин билбей чоңоюшту. Бирок, кээде ошо ууланган буудайдын кесепетинен кырчындай өмүрлөрү кыйылган агам менен эжемди эстеп, ушу азыр да апамын каңырыгы түтөп кетет.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Осмонкулов Ж.А., 2002. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 5787