Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Осмонкулов Ж.А., 2002. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 10-марты

Жапарали Адашканович ОСМОНКУЛОВ

Комиссардын “жез тумшугу”

(Болумуш)

Жазуучунун бу жыйнагына жаратылыштын сырдуу дүйнөсүн чечмелеген аңгемеси кирди. Автор китепке сүрөөнчү болгондорго чын жүрөгүнөн ыраазычылыгын билдирет

Осмонкулов Ж. А. Өмүрдүн көз ирмемдери. – Б.: Бийиктик, 2002. — 192 6. китебинен алынды
ББК 84. Ки 7-4 
0-72
ISBN 9967-21-360-4
О 470230000-02

 

Жылда жайлаган түнт токойлуу Миң–Жылкы жайлоосундабыз. Бийик өскөн кымыздыгын атчан аралай албайсың. Кекилик, кыргоолу чатырдын жака белинде учуп–конуп, коен, сууру жылт койсо, тыйын чычкан, бурундугу бутактан бутака ойт берип, булакка суу ичкени келген паранданы түлкү акең аңдып жатканын, сагызган сакчы кабарлап келет. Жапайы алма, жаңгагын семичкедей чаккан коркулдак доңуз күндө кечке маал короого бир тийип өтпөсө башы ооруйт.

Алгач көчүп келгенде, апамын чатырга айдап келген көк торпогу, жапайы чочко болуп чыкканда, көк чыбыгы колунан ыргып, бакырып ийиптир. Доңуздун шыбышын угуп калганбы, өгүнү эки орус келиптир “доңуз атып берсеңер 5 миң сом беребиз” деп. “5 миң эмес, 7 миң берсеңер да макул эмеспиз”, –деп ынабай койдук. Мындайраак чыкканда токойчулар кезигип калып, жолбоштыгын текшерип, 20–30 суур, тыйын чычкандын терисин, документи жок мылтык, капканын алып коюшат. Кеп алар, же Миң–Жылкыда жез тумшук бар экендиги жөнүндө эмес, тигилерди кармаган Шекен деген токойчу тууралуу болмокчу. Анткени, биз Сейдали деген иним экөөбүз Сары–Бээге чөп чабышканы барганда, төмөндөгү окуяны Шекен токойчудан көп курдай эшиткенбиз. Бирок акыркысы өзгөчө шаңдуу, сырдуу туюлду. Эмесе, сөз ошо жөнүндө болсун...

* * *

Граждандык согуш аяктап, тоо–ташта бирин–экин жашырынган басмачылар калган. Ошо мезгилде Жалал–Абад НКВДсынын начальнигинин алдында эки тапшырма турду:

1. Кандай гана болбосун аска–зоодо жашырынып, кез–кез жайлоодогу койчуларга бүлүк салган Айтмерек корбашынын ат кошчу желдетин табуу.

2. Кара-Кулжа дарыясынын башынан алтын кени бар-жогун изилдөө.

Ушул жерден айтып койчу нерсе, өрөөндөн эки чоң Тар жана Кара–Кулжа дарыялары кошулуп Кара–Дарыяны түзөт. Тардын суусуна караганда Кара–Кулжанын суусу ширин, даамдуу, ичсең ичиңди оорутпайт. Ошондон улам “суу башында алтын бар экен” деген каңшаар кеп, тээ илгертеден бери кулактын кычуусун алып келет.

Ошентип, экспедицияга үч адам даярданат. Топ башы болуп басмачылар менен далай ирет кармашкан, белгилүү Таштан комиссар бекитилет. Экинчиси кен изилдегич Саша деген бала, үчүнчүсү болуп “аттарын карап бергенге чыйрак” деп чайканада чай ташыган, он беш жашар Шекен кошулат.

Жарым айга күлазык камдаган үчөө кызык сапарга аттанышты. Жол узак жана оор кебетеленди. Күндүзү күн ысык болгону менен түнү кадимкидей калчылдайсың. Жагылган от таң атканча күйүп чыгат. Адам буту баспаган жылдызга жакын, аркайган тоолору, көк шибер гүлдүү, ышкындуу кокту–колоту, жылга–жыбыты, балыгы мол суусун күндө он маал тепчип жүрүп отурдук. Тизеден келген көдөөсү аттарга табылгыс азык, абасы укмуш таза экен. Жолду ката комиссар өнөрүн көрсөтүп барды. Ат үстүндө баратып эле бизден чочуп, пырпырап тик өөдө көтөрүлгөн кызыл кыргоолдорду маузери менен тарс–тарс атып алат. Чаап баратып жаш баладай чыңырган суурга бүркүттөй чап жармашканы , тим эле жомоктогу чабандести элестетет. Анан калса бир дөбөдө соксойгон 10-15–суурду ийинине кууп киргизе албайсың. Таштан комиссардын кулагы кайберендей сак, көзү кыраан куштай көрөгөч экен, карагай-черлүү токойдо жаагын жанып, безелене сайраган булбулду даана көрсөтүп жүрүп отурду. Капчыгайды арылаган сайын өзөндүн күнгөй–тескейинен касиеттүү кайберендердин үйүр–үйүр болуп жайылып оттоп жүрүшкөнүн көп учурата баштадык. Байкуш Саша геолог, мындай кооз жерди өмүрүндө көрбөгөнбү, кайра–кайра тамшанып, жаратылышка суктанып жүрүп отурду. Үчүнчү күнү Беш–Мойнокту ашып, Апактын белине чыктык. Максатыбыз дары суу чыккан Суук–Төргө жетип алуу. Эртели кеч тамакты Таштан аке даярдайт. Ат үстүнөн ышкынды жулуп жей берип, оозубуздан кара суу келет. Атып алган кекилик–кыргоолубузду шишке сайып, казанчаны астык. Мен аттарды жайгаштырып келсем, комиссар “өзөнгө сууга кеткен Сашадан кабар жок” деп тынчсызданып олтуруптур. Сашаны көпкө күттүк. Акыры чыдабай “Мен эле чакырып келе коеюн ” дегениме болбой, Таштан аке кошо жөнөдү. Колотту көлөкө каптаган. Саратан айы болсо да капчыгай ичи кадимкидей суук. Сашанын кечиккен себебин жээкке жеткенде билдик. Байкуш сууга жетпей шыралжынга артыла жыгылыптыр. Ары жакта кош ооз мылтыгы эки бөлүнүп жатат. Биз карбаластап, бетине суу чачып жатып эсине араң келтирдик. Комиссар эпчилдик менен “сынган, чыккан жери барбы?” деп денесин сыйпалап чыкты. Кудай колдоп он эки мүчөсү түгөл, таза экен. Көп өтпөй эсине келген геолог тилин булдуруктатып сайрап кирди. Эчтемеден бейкапар ичинен күңкүлдөп келатса алдынан, капысынан килейген аюу чыга калыптыр. Не кылаарын билбей , алдастап калган немени жөн коебу, жаактан ары эки коюп, мылтыгын колунан жулуп алып ташка бөлө чапканын айтса же күлө албай, же кайгыра албай, бетегелүү бетте ышкын сыдырып, тарбалаңдап жеп бараткан аюуну кызыгуу менен карап турдук. Ушул окуядан кийин комиссар мени жалгыз эч жакка жумшабас болду. “Сынган мылтыкты жүк кылбай, кайтканда ала кетебиз” деп таштын коңулуна бекиттик. Таң атканча, “аюу келип калабы” деп оттун боюнда үргүлөп чыктык.

Тоого тереңдеп сүңгүп кирген сайын баягыдай кекилик, кыргоол атмай сейректей берди. Ок атылса басмачыны чочутуп алчуудайбыз. Токтогон жерден балык кармайбыз. Геолог жер чукуп, көрүнгөн ташты балкасы менен ургулап, бирдеме издеген болот. Комиссар шек санаган кокту–колоттогу борчук, аң, токой, таштын коңулдарын, үңкүрлөрдү астейдил дүрбү менен карап, бир сыйра көз алдынан өткөрөт. Көпчүлүк убактыбызды суу жээктеп жүрүп олтурдук. Жээктен каршы–терши отундардын, таштардын арасынан аркар–кулжа, кийиктердин аркайган мүйүздөрүн, сөөктөрүн көп жолуктурдук. Түш оогондон баштап тонубузду кийип алабыз. Сакалдары сербейген комиссар менен геолог өздөрүнө сак. Аңгыча күүгүм кирип кетти. Бет маңдайыбыздан балбылдап жанган оттон чочуп койбостон, алдыда бастырып бараткан комиссар “Тээтиги күйгөн отту көрдүңөрбү? Ошо балбылдаган шайтандын оту”, –деп кол жаңсады. Мен шайтандын атын укканда тулку боюм жыйрылып, муунум титиреди. Саша да алдамени сезгендей дирт чочуп, жан–жагына элеңдей үңүлдү. Басмачыга караганда көзгө көрүнбөгөн азгырык шайтандар жүрөгүмү опколжута баштады. Отко чукулдай бердик. Жылкы жаныбар кошкуруп, жер чапчыйт. Ызылдаган чымын–чиркей, суунун күрпүлдөгү, тээ караңгылыктан угулган сүтак, булбулдун үнү кулагыбызга кирбей, эки көзүбүз эле отто болуп калды. Комиссар эмне ойлоп, эмне сезип баратканын билбейм, бир маалда тикчийген аттын кулагынын ортосунан удаама–удаа атып жиберди. Капыстан атылган октон атым “ойт” берип, ээрден аз жерден түшүп кала жаздадым. Капчыгай куулдап–шуулдап, алды–артыбыздан таштар кулагандай карсылдай түштү. Кандайдыр апсайган, коркунучтуу караанды тигилер байкадыбы, байкабадыбы, айкырган үндү уктубу, укпадыбы билбейм, көзүмө бирдеме көрүнүп, төбө чачым тик турду. “Коркпогула, аттарды тыныктырабыз. Түнөккө жай издейбиз”, –деп бак–бак унчукту комиссар. Биз карса–курс туяктарынан учкун жанган аттарды ансайын темине комиссарга корголойбуз. Ал өзүнүн беш атарын Сашага ыргытканда “коркунуч жакын тура” деген ойдон чындап калчылдай баштадым. Ары чапкылап, бери чапкылап, түнкү түнөгүбүзгө араң жай боолголодук.

Чоң ак таштын түбүнө отун додо үйүлдү. От жагылды. Курсагыбыз ач болгонуна карабай эмнегедир тамакка табитибиз ачылбады. Күндүзү кармаган беш–алты балыкты ысыган ташка жаап жеген болдук. Комиссар бизди алаксытмакка ардемелерди айтып күлдүрүп, отту ичкерткен, токулга–көпчүктөрдү жатканга ырастаган да ошо. Биз көчүгүбүздү ташка такап, былк этпейбиз. Аттарды адеп үйдөн чыкканда тушап, же аркандап койчумун. Кийинки эки күндө бош кое берчү болгонбуз. Аларың деле бирдемеден чочулайт окшобойбу, көдөөгө нык тойгон жаныбарлар, куду биз жаткан жерге келип жатышат. Тигилерди билбейм, менден уйку качып, көзүмө чоң энем айтып берген эмчеги эки карыш, чачы узун шайтан элестейт. Башымды чулгуп, ичимен күбүрөп келме айтсам, элестер жок болуп кетип, кайра келет. Эч уктагым жок. Көзүм илинсе эле шайтан азгырып кетчүүдөй муун–жүүнүм бошойт. Арадан канча убакыт өткөнүн билбейм, бир оокумда көзүм илинип кетиптир. Аттардын кулак жарган кишенегенинен чочуп ойгондум. Жаным оозума кептелип, өчүп бараткан отко куураган бир–эки чырпыкты ыргытканда алоолонуп күйүп кетти. Мени менен кошо үргүлөп коюп олтурган Саша башын тонго орогон бойдон уктаптыр. Таштан аке ары жакта бирөө менен алышкандай күрпүлдөйт. “Ой кет, кет дейм!” деген үнү угулат. Мен чыдабай “Таштан аке, ал ким?” деп чаңырып ийдим. Аңгыча маузер “тарс” атылды. Адамдын боору ооручудай, бирок жапайы чыккан ачуу чаңырыктан аттар дүргүп, мени бирөө өөдө көтөрүп таштагандай жерге “күп” түштүм. Бир аздан кийин Таштан аке какырынып–түкүрүнүп басып келди. Жаагын учтуу бирдеме тилип кеткендей, кан тамылжып жүрөт. Колундагы тутамдаган адамдын чачына окшогон узун бирдемени бүктөп туруп, жанбаштыгына салып койду. Жаагын бет аарчысы менен басып, “Иэ, баатыр эмнеге кыйкырдың?” деп далыман таптаганда, мен кубанганданбы, же корккондонбу бүлкүлдөп ыйлап жиберчүдөй араң турдум. Эртеси ар кайда үрккөн аттарды зорго таап, сапарыбызды уланттык.

Ачыгын айтсам, мен буктурмадан чыга калып ажал бүркчү басмачыдан коркмок түгүл, аны оюма албадым. Үчөөбүздүн тең коркконубуз – бизге али белгисиз өмүрүбүздө көрбөгөн коркунучтуу жандык, же бизди тоо ташка жетелеген азгырык шайтан болду. Мен кечээги окуяны суроодон тартынсам, алар өздөрүнчө ичтеринен сызып бараткандай. Аз жүрдүкбү, көп жүрдүкбү, күн төбөгө келгенде, көрүнгөн бир кыр ашып барып токтодук. Мен аттардын басмайылын бошотуп, ооздуругун чыгарып түзөңгө кое бердим. Асманда үзүм булут жок. Учу–кыйыры жоктой көрүнгөн өрөөнгө, агарган тоолорго, ийри–буйру жылтыраган өзөн сууга суктана көз жүгүрттүм. Бир аптада бетим туурулуп, өзүмү жеңил сезип калыпмын. Жардын боорундагы адамдын көз жоосун алган кырмызы, көк гүлдү үзүп алам деп эңкейгенде, карегим менден отуз кадамча таштын үстүндө күнөстөп олтурган адам түспөл, денесин түгөл түк баскан бирөөгө кадалды. Буттарынын, колдорунун тырмактарын даана көрдүм, тим эле учталган найзанын учундай шиш кебетеленди. Бою Таштан акеден бойлуу, олбурлуу сыяктанды. Эчтемеден бейкапар түнөргөн түктүү адамдын кичинекей жылтыраган көздөрү денесине коошпой тургандай сезилди. Коркконуман чулу таштай оорлошкон буттарымды буерден тез арада тызылдатып ала качайын деп кыймылдата албай, кыйкырайын деп кыйкыра албай, мойнуман ылдый муздак тер чып-чып сызылды. Бир оокумда мени байкадыбы билбейм, мага көздөй окшурулган сүрдүү көз карашынан, жаным көзүмө көрүнө түштү көрүнөт, үнүмдүн жетишинче кыйкырып ийипмин. Бала болуп, башыма түк чыкканы мындай катуу кыйкырбасам керек. Чочуп кеткен тиги да өгүздөй айкырып, токойду аралай качты. Доошумду угуп, жетип келген Таштан аке мени апаптап “Алда балам ай! Сени кайдан кошуп ала койдум эле. Алжыган башым тимеле койсомчу” –деп кейип жатты. Анан: – “Эй, экинчи көзүмө көрүнчү болбогун, уктуңбу? Мылтыгымдын огу сен үчүн дайым даяр. Кудайдын өзү болуп кетсең да сени аябасмын. Жолума бөгөт болбо, кет буерден” деп кыйкырды. Геолог Саша түшүнүп түшүнбөй мени, мен комиссардын жүзүнө тигилдим. Аңгыча аркы беттен баягыга дагы экөө кошулду. Бирөө баласы өңдөндү, килейген бирөөсү мойнуна мингизип алган. Жанындагы томолонуп–жумаланып, текирең–таскак секирип кандаштарынын соңунан кууп барат. Түндөсү атылган маузердин кимге багышталганын эми гана туйдум. Комиссар көптө барып: “Жез тумшук деген ушу!” деп күңгүрөнүп койду. Көздөрү ойноктогон Саша беш атарды мээлей бергенде, комиссар “тим кой” дегендей ишаарат кылды. Саша дендароо беш атарды мүрүсүнө илгенде, тигил үчөө кыр ашып баратып, бизди ачуулуу караган кебетеси менен көздөн кайым болушту.

Эки күн тынч өттү. Жолду ката “Комиссардын жез тумшукка кандай тиешеси бар?”– деп ой чаргытам. Экөөнүн үзүлбөгөн кандай байланышы бар экендигин ойлоно берип, түк түшүнбөй койдум. Ушул ой менен баскан–турганын аңдычу болдум. Ааламда дегеле эч нерсе болуп өтпөгөндөй шайдоот, түнү сак. Түн оокумда туруп кетип, таң жарганда кайтып келет. Саша болсо кечке үргүлөп олтуруп, Таштан аке кетээр маалда уктап кетчү болгон. Күндө беймаал убакта жез тумшуктун тоо жаңырткан ач кыйкырыгынан жүрөгүбүз түшүп бүттү. Уктаган менен уйкубуз канбай жүрдү.

Сапарыбыздын сегизинчи күнү саарлап ойгонуп, Таштан акени ордунан таппай калдым. Ар дайым чай демдеп коюп, анан бизди ойготчу комиссарды негедир бүгүн оттун боюнан көралбадык. Жанымдагы Саша эстен чыгып, ордуман ыргып турдум. Жакын арада аттар да көрүнбөдү. Үн чыгарайын дейм, корком. Ары издеп, бери издеп, биз от жаккан жерден кырк кадамча карагандын түбүндө беш атарын өбөктөп, бүрүшүп уктап жаткан комиссарды көрүп, сүйүнгөнүмөн өпкөлөп ийе жаздадым. Ойготоюн деген кыялда жакын басып барып, кайра айныдым. Оюма ар кандай жаман нерселер келди. Бирок, кечке ойлонуп, баары бир сыр түйүнүн чече албадым.

Эртеси Сашаны таппай калдым. Ошондо гана бирдемени боолгологонсудум. Көрсө, экөө кезектешип, капысынан уктап жаткан бизди жез тумшук оттун боюнда баса калбас үчүн, бирөө ушинтип обочороок буйда жерден байкоо салып жүргөн тура.

Онунчу күн дегенде баягы жез тумшуктун үй–бүлөсүн дагы учураттык. Жанындагысынан бою пас көрүнүп, бутуна ок жаңылганы ургаачысы окшоду. Маймылга окшогон баласы ушунчалык чыйрак экен, алды–артын карабай безип бараткан атасынын жонунан жылбышып түшүп калбай ач кенедей жабышканы, бизди айласыздан таңкалтырды. Шатыдай болгон эркеги айбан да болсо, кез–кез беркилерге кайрыла калып, каршы–терши жыгылган карагай, арчалардан аялы менен баласын кадимкидей көтөрүп өтүп, бизден алыстагандан алыстап баратты. Саша ичинен кекенип, бу көр дүйнөнүн жапайы макулуктарына башы катып, аларды ушунчалык зор ынтаа, мурда көрүп–билип жүргөн эски таанышындай караган комиссардын көз карашына, күмөндүү мамилесин сезип калдым. Мурда ар кайсы жерде калып калчу жолбаштыгын, комиссардын беш атарын өзүнүнкүнөн бетер кайда барса ийининен түшүрбөйт. Кырдан, аңдан, суу жээгинен алган топурактын составын, кечке үңкүйүп чийген кагазын бекем катчу болду. Ачык айрым, жайдары мүнөзү чукул өзгөрдү. Геологдун шектүү жүрүш–турушунан бизден жашырган чоң сыры бар экендигин туюп “Демек, суу башында алтын бар экен да!” деген күдүк ой, комиссар экөөбүзгө тең маалым болгонсуду. Өзүнчө эле бирөө баса калчуудан бешбетер өтө саксына жүргөн геологдон кызыгып эчтеме сурай албадык. Геологдун чукул өзгөрүшүн комиссар сезсе да сезбегендей, билсе да билбегендей түр көрсөттү. “Алтындын бар экендигин жан адам билбесин” деген жогортон буйрук болгондугуна жамандык–жакшылыкка көзү каныккан тажрыйбалуу чекист Таштан аке эмес, жаш бала катары мамиле кылган мен шек кылбадым. Ушундан улам “бири–бирине ишенбөө, бири–биринен шек саноо” деген ушу турбайбы деп кыжалат боло баштадым. Кантсе да мурун көрүп жүргөн, чайканага тез–тез келчү абамын досу Таштан акеден алыстабай, ыктай бердим. “Орус оюна келгенин кылат” дегендей “Саша геолог кубулуп жүргөн жез тумшук болуп жүрбөсүн?” деген ой башыма келе калчу болсо жонуман ылдый муздак тер чылпылдап кетет.

Алмамбеттин ашуусуна жеткенде, геологдун таш пиши менен кармалып калдык. Суу боюнда бөкчөңдөп жүргөн оруска “Кол кабыш кылалы”–десек, “Өзүңөрдүн жумушуңарды жасай бергиле”,–деп ынабады.

Дарыянын берки өйүзүнө өтүп, көк шиберге аттарды кое бердик. Отун чогулттук. Кечки салкында күнгөй бетте жайылган кийиктерди санадык. Кийиктин көптүгүнөн 400–500гө жеткенде адашып калып жаттык. Уунун ышкысына бүйрү кызыган Таштан аке бир ордунда туралбай, жылга менен өрдөп барып, торпоктой теке атып келди. Биз текени союп, жиликтегенче Саша жумушун аяктады. Майлуу этин казанга салып, тузга бөлөнгөн шишкебек–боорду эмеле чылпылдатып чайнап жатканда жез тумшуктун жакын эле жерден айкырган добушунан оозубуздан келмебиз түшүп, үчөөбүз тең шишкебекти какай жөткүрдүк. Эсибизди жыйып, өөдө турууга камынганча аттар үркүп, Саша асманга тарс–тарс мылтык атты. Майлуу эт тамактан өтпөдү. От улуу жагылды. Таң атканча көз ирмебей чыктык. Эртеси гана жез тумшук алчада илинүү калган кийиктин жарым этин алып кеткенин билдик.

Таң кылайгандан чала–була тоюнган болуп, аттарды издеп жөнөдүк. Комиссар менен геолог көк беттенип унчугушпайт. Мен болсо тезирээк эле аттарды таап, аман–эсенибизде буерден кетким келет. “Экинчи буерди желкемдин чуңкуру көрсүн”–дедим. Буюм–тайымдарды ташка корумдап койгонбуз. Жата калып, тура калып из кууйбуз. Кайда карабагын Фергана тоо кыркалары кашкаят. Күлдүр–шалдыр таш агызган, шар акчу Кара–Кулжа дайрасы кичирейип олтуруп өзөнгө, андан күнгөй–тескейди бириктирген мөңгүгө айланды. Мөңгү Кара–Колдун алкымына чейин эрип, андан ары үлгүртпөй күз түшөт. “Басканга жеңил” деп мөңгүнүн үстү менен жөнөдүк. Бел ашып, заңкайган аскага көз салып, өңүп жаттык. Комиссар: “Эсимен чыкпаса, тээтиги жалама зооканын күнгөй бетинде үңкүр болуш керек”, –деди. Биз анын айтканына ишенип–ишенбей жалтыраган кардан көзүбүз карыгып турганда, үстүбүздөн таш кулады. Былк этпей, “көрүп калдыбы” деген кыязда олжосун аңдыган илбирстен бетер жер менен жер болуп, бөгүп жаттык. Биз күткөндөй асканын борчугунан тоо эчки эгиз улагын ээрчитип, чөп башылап келатты. Таштан–ташка так түйүлүп оюн салган улактары бирин–бири сүзгөн болуп энесине эркелейт. Аңгыча таштын коңулунан өңүп жаткан жез тумшук шап тура калып, бейкапар ойноп келаткан улактын бирөөсүн арткы бутунан апчып ташка чапты, экинчисин буйдамга келтирбей белин сындырды. Балдарын коргойм деген кыязда эне–эчки жез тумшуктан тайманбастан түз качырды. Катуу сокку жеген жез тумшук көмкөрөсүнөн кулап кайра оңолгончо, капилеттен пайда болгон ургаачысы, эне–эчкини көтөрүп чаап, тумшугун тамагына матырып ийди. Эркеги эчкини мүрүсүнө артып, ургаачысы эки улакты сүйрөп жөнөдү. Ушуну менен тигилердин жапайы уусу көңүлдөгүдөй аяктагансыды. Биз болсо алардын аракетин көрүп турганыбыз менен ок чыгара албадык. Муну комиссар да, геолог да жакшы түшүндү окшойт, себеби мылтыктын үнүнөн таш кулачу болсо, биздин соо калышыбыз күмөн эле. Аңгыча өөдөдөн таш кулады. Эгер биз “тигилер байкабай калды” деп кызыгып карап олтура берсек, кичинеси чоңуна урунуп, чарт жарылган таштардын ур токмогунда калмакпыз. Ушуну алдын ала сезген комиссар жаныбызды куткарууга шашылды. Ташты жез тумшук кулатканын сезүү анчалык кыйынга турбады. Анткени, алар аба ырайы чайыттай ачык, шамал жүрбөй туруп өзүнөн–өзү эле кулабасы белгилүү да.

Түшкө жакын гана аттарыбыздын теңирден тескери үрккөнүн туйдук. Жер соруп кеткенсип, таптакыр дарексиз жоголушу дегеле мүмкүн эмес. Эрдибиз кеберсип, жөө баскандан чарчап, арчанын түбүнөн сызылып чыгып, кайра шагылга сиңип кетип жаткан булактын көзүндө эс алдык. Таштан аке асынма баштыктан бышкан этти алып чыгып, бычагы менен туурамжылай баштады. Чокко койгон кара чөгүн боркулдап кайнаганда, жээкте темселеп жүргөн геолог кубанычын жашыра албай энтеңдеп келди. Алаканына чүкөдөй–чүкөдөй таштарды үйүп алыптыр. “Таптым, таптым!”, –тегеренип бийлеп жүрөт. Комиссар экөөбүз “Не тапты экен?” деп геологду кызыга карадык. Ал колундагысын суна берди. “Ээ, кокуй, андай таштар буерде толуп жатпайбы!” деп таманынын алдынан бир нечесин көрсөттүм. Бирок Саша бизге көңүл бурбастан, таштардын алтын же алмаз экенин айтпастан, кичине балкасы менен майдалап чагып, чоңойтуп, кичирейтип көрсөтүүчү аспабы менен текшерүүдөн өткөрдү. Комиссар колундагы таштарга быягынан, тыягынан үңүлүп жыттап, тиштеп көрүп, мандем чыкпадыбы, “ушу дагы алтынбы?”, –деп “чыйт” түкүрө, кайдыгер ылдый көздөй кайытты. Мен ыргытууга колум барбай, жылтырап, көзүмө жакшы көрүнгөнүнөн чөнтөгүмө катып койдум.

Ушуерден үчөөбүздүн оюбуз үч ача бөлүндү. Геолог “мага эки күн убакыт бергиле” –деди, Таштан аке “үңкүргө чыгам”–деп көшөрдү, мен болсо “тез эле буерден кетсек экен” –деген санааркаткан оюму билдирдим. Талаш аягына чейин так чечилбей, качан түшкүлүк ичкенден кийин өзү эле орду–ордуна келе түштү. Геолог сайда иштеп калды, комиссар экөөбүз аркан–жиби, жарак–жабдыгыбызды камдап, жалама зооканы көздөй өрдөдүк. Аска алыстан күзгүдөй сыпсыйда көрүнгөнү менен, жакын келсең оңой менен байкалбаган кайберендин таш үстүнө агарып түшкөн каршы–терши кеткен жолдору аркылуу бараттык. Ыраңыбыз адам жалтанарлык. Абасы суюк, түтөгү көп, тоонун суук шамалынан карарып кеткенбиз. Күндө эки маал кездешип, жез тумшукка да көнүп бараткандайбыз. Аларың капысынан эле алдыңан чыга калып, айбандык сезими менен гана коргонуш үчүн көтөрүп чаппаса, оттон, мылтыктан жалтанаарын, комиссар менен жапайы жандыктын ортосунда кандайдыр билинбеген сызык, өз ара түшүнүүчүлүк, экөөнү сүйлөштүрүп турган толкун туюмдары учуп жүргөнүнө жана кайсы бир мезгилде, анын буерде болгондугуна эч бир шек санабадым. Ал бийикке көтөрүлгөн сайын арзып күткөн адамы менен жолугушчудай көздөрү жайнап, “Аз калды, тээтиги канатын калдайткан бүркүт келбеттенген асканы, анын жанындагы жыш өскөн жапалак арчаны көрдүңбү? Көрсөң ошо. Кудаа буюрса, эки дем алып жетип барабыз?”, –деп ишенимдүү шерденет. Кыңкыстап “башым айланып атат” десем, “тоодо жүрбөгөндүгүң садагасы. Төмөн караба, көңүлүң айланат. Жез тумшук дегениң бизден обочолонуп тоо–ташта жапайы өмүр сүргөн киши кийик. Мен турганда алардан коркпогун”, –деп алаксыткан болот. Билинбей олтуруп, кыйла жол арбыттык. Төмөн жагыбызды жөө туман каптап, суунун жээги элес–булас түнөрөт. “Бутум тайып, он гүлүмөн бир гүлүм ачылбай сөөгүм карга–кузгунга жем болобу?”, –дейм ичими сары зил басып. Бирок комиссарга сыр билгизбейм. Аңгыча эле шыбыргактатып кар жаап кирди. “Кайтууга кеч болуп калды. Ыкчамдабасак, жолду кар жаап калат. Тез жүр, уулум”–деп тойго бараткандай шаштырат. Жез тумшукка жем болгончо, тоодо тоңуп өлгөнүм артык”,–дейм ачууму тышка чыгарбай. Таштан аке “үңкүргө келип калдык го” деген ой менен арчанын далдасында туруп, куду карышкырды айдактап кууп бараткандай өкүрүп–бакырып, өөндү карай таш кулатты. Мени дагы “кыйкыр!”,–деди. Ошентип, үңкүргө жетээр жеткенче, тамагыбыз айрылганча айкырып бардык. Маузерден ок чыгарганда борошо урган аска–зоо күлдүр–шалдыр куулдап эле жатып калды. Комиссар бир кезде – “Анаке, көрүндү. Ичээр суубуз, көрөөр күнүбүз бар экен го, ыя. Аскада асылып калсак не болмок?”–деди. Мен шыбыргактаган кардан эч нерсени көрбөсөм да, сезимими коркунуч бийлеп, комиссарга ыктадым. “Ой, мен сени баатыр экен десе! Кантет, кантет эми, кой жашыба” деп үшүгөн бети–колдорумду кармалап, кез–кез сорок этип кыйкырып коюп жатты.

Чар тарабын жапалак арча курчап, салаңдаган асканын боорундагы үңкүрдүн оозунда турабыз. Жаан–чачын тийбеген комсоо жер экен. Күүгүм толук кирген убак. Комиссар “биссмилла” айтып, сактыкка кордук жок” деп маузерин оңтой кармап, үңкүргө баш бакты. Койнунан ширеңкесин алып, арча түтөттү. Үңкүрдүн оозу кууш, бирок ич тарабы кургак, адам беймарал басып жүрсө боло тургандай кенен, шамалдан ыктоо, жылуу экен. Чартылдап күйгөн арчаны ичкертип, эт кесип жеп биртке өзөк жалгадык. Сууктан ысыкка киргендиктенби, балким кечке басып чарчагандыктанбы, айтор, талыкшып үргүлөй баштадым. Чыпташкан кирпигимди өөдө кылууга дарман жок. Эптеп кынтайсам деп турам. Таштан аке менин эле укташымды күтүп тургандай чөп көтөрүп келгендей, жумшак немеге жаткырды. Чаалыккан кургур, колу–бутуму сунуп, магдырай түштүм. Таштын үстүнө жатсам керек деп ойлогом, бирок мамыкка жаткандай өзүмчө жыргай бердим. Оттун боюнда Таштан аке менен баарлашып, жез тумшук баянын уккум келген. Тилекке каршы, сүйлөшө турган сөздөр сүйлөнбөй, айтыла турган сөздөр айтылбай көзүм жумулду. Соксойгон комиссар жалгыз телмирет. “Аңгыча өңүмбү, түшүмбү комиссарга бирөө үн салгандай болду. Комиссар жалт кайрылды. Каректери өчүп–жанган комиссарды караңгы туңгуюктан белгисиз жан арбап жаткандай өзүнө чакырды. “Жок, болбойт, жогол! Жогол дейм, баланы коркутасың!”–деп бакылдады. Мен да “Таштан аке, барбаңыз өлтүрүп коет. Барбаңыз”, –деп кыйкыргансыдым. Өзүмүн доошум өзүмө угулбай, уйку–соонун ортосунда жатып туйганым төмөнкүлөр болду. Үнкүрдө бирөөлөр түшүнүксүз шыбырашып жатышты. Кандайдыр мээримдүү ырылдаган үндү туйдум. Эркектин кучагында эркелеген аялдай делебени козгоп жан жыргатып канааттануунун добушу угулуп тулку бой балкып, ургаачы жапайы болсо да үстүндө сүлкүлдөп бараткан эркектин назик мамилесинен эрип баратты...

Канча убакыт өттү ким билсин аңгыча аска–зоону жаңырткан ачуу кыйкырык эркек, ургаачыны барабар селт эттирди. Экөө карбаластап тура калышып комиссар кагынган болду. “Тигиниң чакырып атпайбы, бар эми. Бара гой, жапайым!”–деп узата шаштырды, кеткиси келбеген беркини. Жапайы ургаачы сүйкүмдүү адамдын жанынан бөлүнө албай кыйылып, сыртта улуп–уңшуган эркегин таназар албай, акылы зирек пендени пешенеге жазган кудайындай кабылдап, канча жылдар өтсө да көкүрөк сүйүүсүнөн өчүрбөгөн айбанга, адам аттуу бир жан таң калып жатты. Уйку–соонун ортосунда болуп өткөн окуя чынбы, калппы акылым айран.

Таң атты... Көзүмү ачсам, илгерээк өчкөн от түтөп, чогу кызарып турат. Түндөсү таштын үстүнө жаттым десе, аюу талпактын үстүндө жатыпмын. “Бу аюу талпак каерден келип калды?”–деп башымы кашыдым. Түшүнсөм өлөйүн, бирдемедей эле болуп аттым. Таштан аке эки колун эки жакка жайып, кызуу уйкуда. Үңкүргө капталынан, төбөсүнөн күн чагылып, ичи жапжарык. Кийиктин сөөк–саагы додо. Ал гана эмес үңкүрдүн төрүндө мумуе болуп каткан адамдын келбети, жанында мылтыгы, бычагы, чакмак ташы, каухар чөгөрүлгөн алтын куру, чаң баскан тулуп жатат. Абдан байкап көрүп, “койчуларга бүлүк салган кармалбас басмачы ушул болуш керек”, –деп ойлодум. Чынын айтсам, андан ары барыштан жалгыз кооптондум. Бутума темир–тезек, эки талпак, башы сынган чөгүн урунду. Уйкум канып кыйла эс алып калыпмын. Үңкүрдүн капталынан сызылып чыккан муздак булактан чайындым. Мен кайра киргенде күн көтөрүлүп калган. Комиссар көңүлү ачык ойгонду. “Оо, салам, баатыр! Эмне мынча эрте тургансың? Үңкүр жактыбы?”–деп сурады. “Азыр эле турдум”–деп калп айттым. Андан көрө, үңкүр менен тереңирээк тааныштырсаңыз дедим. Комиссар ордунан ыргып турду. “Кудай уруп, шашкеге чейин уктап калганымы карачы. Убакыт жок, кетиш керек, болбосо көрсөтөт элем. Саша да жалгыз кооптонуп аткандыр. Кийин деле көргөнгө үлгүрөөрсүң. Андан көрө айтчы, кандай уктадың! Түнү бою сүйлөп чыктың, кыйналдыңбы? Жаман түш көрдүңбү? –деди сайрап. Унчукпадым. Айтсам–айтпасам деле баары бир түнкү окуянын аныгын далилдей алмак эмесмин.

Сыртка чыктык. Аба ырайы чайыттай тунук. Калган этти бөлүшүп, катыган нанды сууга жибитип жедик. “Карачы, кандай ажайып кооздук! Кыргыз болуп туулуп, жомоктогудай жерин, суусун, тоосун жердеп туруп, “ыңаа–а” деп жарык дүйнөгө келгенден өлгөнгө чейин көр–тиргиликтин азабы менен жүрүп ушундай бейиштегидей жайды көрбөй, укпай, билбей өтүп кетебиз ээ! Кандай аянычтуу, кандай өкүнүчтүү! Деги ушундай жаратылыштын сулуулугун түшүнгөн пенде бар бекен? Бар болсо канаке? Келбейби, дүйнө жүзүнө жар салбайбы, кыргыз деген эл бар, бейиштин төрүндө жашаган, –деп. Өрөөнү толо чети оюлбаган байлыктарын айтпай эле коеюн. А балким, аны түшүнгөн киши али төрөлө электир. Эх, кандай өкүнүчтүү”, –деген көкүрөгүндө уюп жаткан көйгөйүн бөлүшө албай кыйналып жатканын түшүндүм. Менин да өзүмө жараша аркалаган жүгүмү бөлүшө албай, көкүрөгүмдү өйүгөн санаа–суроого түзүктөп жооп угалбай, ичим бышып баратканын сезди бекен? Жок, сезбеди. Туруп кеттик. Тоого чыккандан, түшмөгү азап болду. Тизем шалактап түшүп калайын деп атты. Үңкүр көрүнбөй калганда жез тумшуктун карасаң башың айланган зоокадан чыңырган үнү үзүл–кесил угулду. “Ии, байкушум! Коштошконум ушу болсун, жакшы кал...”, –деди комиссар маузеринин маашасын басып, оор үшкүрдү. “Гуу–у–уу–у” деген белги капчыгай өрдөп, көккө серпилди. “Оо–уу–у–уоо–о” деген белги көктөн түшүп капчыгайга сиңип жатты. Комиссар арбашканын токтотту. Колун түшүрдү. Менде “Чоң эле киши бүлкүлдөп бышактап ийсе не кылам? –деген ой турду. Жок, жаш чыгарбады. Тоо-тоону мекендеген кайберен, жапайы жаныбарлары боору менен тең экенин сезип, комиссарды аяп кеттим. Кыябы келип турганда, ичиндеги бугун тышка чыгарып албаса аябай азап чекчүүдөй туюлду. Сүйлөсө экен, анан суроо берем, –дедим ичимде. “Таштан аке...” –мукактандым. Акыры жаш баланын шагын сындырбайын, айтса айта берейин дедиби, же өзү жүрөк отун кыйнаган түпкүрдөгү сырын айтып көкшүнүм суусун деген кыялы жеңдиби, айтор алдыда бараткан мени ымдап токтотту.

– Шекентай, дилиңде кандай нерсе бар экенин жүрөк кургур сезип турат. Олтур, напас алалы, шам–шум этели. Эми биздин шашаар жерибиз жок. Тапшырма аткарылды. Ал эми азыр мен сага саймедирейин деп турган окуяны уксаң өзүнчө кызык–деп баштады.

* * *

Анда менин кырчындай жаш кезим. Олуя–Атадан кенже командирлер окуусун бүтүп келгем. Басмачылар кычап турган мезгил. Атчандар взводуна командирликке дайындалып, Жаныбек казынын жигиттери менен кармашабыз, Кытай тарапка өтө качырбай тоого камайбыз. Басмачылар буерге келип өргүү алат деп үч уктасам түшүмө кирбеген. Тээтиги жерден атыш башталды. Басмачыларды кысып аскага такадык. Ошондо алар үңкүрдү көздөй чегинип, майып болгондор учурады, бирок биз көктүгүбүздөн кууй бердик. Күч теңме–тең. Эгер алар таш кулата берсе жеңилээрибиз бышык, ошондон улам жашырынууга туура келди. Аңгыча үңкүрдүн улагасынан апсайган, түктүү неме чыга калып беркилерди таш–кесекке алды. Бул күтүлбөгөн окуя бизге чоң көмөк болду. Ортодо калган басмачыларды дароо колун көтөрттүк. Колго түшкөндөрдү чубатып, өөндү карай жилкилдетип жөнөгөндө артыман чып этмеден атылган ок балтырымды көзөп өттү. Балтырымы кармап, алты кадам аттабай эстен таныпмын. Эс–учума келалбай жатканда, кимдир бирөө үңкүйүп жараатымы жалап, тазалагандай болду. Эсиме келип, көзүмү ачсам ушул үңкүрдө куураган арчанын үстүндө жатам. Көп өтпөй менин жараатымы жалап айыктырган апсайган жез тумшук экенине толук көзүм жеткенде, жапайы макулуктун мээримине акылым айран болуп, коркуу дегенди билбедим. Биринчи күнү көзүнө тик карай албай, көзүмү бек жуумп, былкылдабай жатам. Үчүнчү күнү үйүр алып кеттим. Кармап келген кийиктин этин шишкебек кылып жейм. Арча түтөткөндө жез тумшук жаа бою качып, үңкүрдөн атып чыгып, кайра кирип жатып, араңдан зорго көнгөнсүдү. Жараатым ырбап кетпей, шишип да кетпей бат эле карттанды. Кызыл аскерлер мени издеп бир апта суй жыгылышыптыр. Жалама аскадан өзүм бир айда түшүп келе алмак эмесмин. Ошондо жез тумшук айбан да болсо мени түшүндү. Жаш балача кучагына, жонуна көтөрүп, эки күн дегенде өзөнгө түшүрдү. Отряд алда качан эле орун которуп кетиптир, бирок, мени издеп дагы келип калаар деген үмүтүм зор. Жапайы ургаачы азыкка чөп–чар, жапайы мөмө–жемиш, кайберендин сүлкүлдөгөн жаш этин камдап берип жүрдү. Тоонун жаан-чачындуу суук күндөрүндө мени үшүтпөй кучагына алып жатып жүрүп ушунчалык ынак да болуп кетти. Балким эркек болсо мынчалык боор тартмак эместир, кантсе да ургаачылык кылды көрүнөт. Буларда да туюу сезими күчтүү болоорун ошондо билгем. Мен ойлогондой, отряд кетип баратып, акыркы ирет келишкенде таап алышты. Ок этими гана көзөп, сөөгүм эсен калганы жакшы болуптур. Сайталды сал кылып өрүп, көтөрүп алышты. Биз суу бойлоп жүрөбүз, жез тумшук кырлап жүрөт. Кечке маал бир мезгилде байкуштун муңдуу созолонгон ырын угуп, заманам куурулат. Аяйм. Отряддагылар “шайтан ыйлап жатат” деп түшүндүргөн болушту. Ошентип, баягы байкуш үңкүрдөн Сашаны аюу урган жерге, Суук–Төргө чейин өтүп да кетпей, калып да калбай акмалап, коштоп келди. Апактын белинен карааныбыз үзүлгөнчө ботодой боздоп, жер апчып калды. ...Ошо күндү эч унутпасмын. Кудайдын көзү бар экен, бала–чакалуу болгондо дагы кездештирди. Туз, насип буюрса ушинтип бир келген жериңе экинчи жолу келет экенсиң. Ал эми Саша жөнүндө уккуң келсе, ал туура багытта баратат. Издегенин тапты, бирок бизге сүйүнчүлөгүсү жок. Анысын мен түшүнүп турам. Анткени дүнүйө деген жаман, керек болсо пайгамбарды жолдон адаштырат. Баягыда келатып, басмачылардан түшүп калган акак–билериги, шуру–мончогу, сөйкө–шакеги бар баштыкты таап алышып, отряддагылар аз жерден байлыктан көздөрү бозоруп, бири–бири менен атыша кете жаздашкан. Мен кызууланган жигиттерди тыйбаганда, кудаанын бизге салган күнү эмне болот эле? Белгисиз. А балким, алтын талашып бычакташа кетсек, алмадай башыбыз жер жазданып, сөөгүбүз сөпөт болмок, себеби көп байлыкты көп адам бөлүшө албайт, мындай байлык көзүн билген бир гана шумпайга бакыт алып келиши ыктымал. Ошо да кыйынчылык менен ишке ашып, арты кайгылуу бүтмөк. Кудай алтынды бизге буюрбаптыр. Чолоңдоп барып, баштыкты күрпүлдөгөн Кара–Кулжага таштап ийгем. Бир даары эстери ооп, бир даары “туура кылды” дешти. Кызылга кызыккан пенде зарылдыгы кыстаса, бу тоолордон каалаган өлчөмдө таба алат, жылгасы, колоту, үңкүрү толо дүнүйө, алтын. Шекентай, мен сага ошон үчүн көп нерсени айтпадым да, көрсөтпөдүм. Бирок, казына–дүнүйөнү көрбөсөң да, ал байлыкка жеткирчү жолду билип калдың. Сен али балакатка жетелек тайсың, дүнүйөпараздыкка берилбе, эрте мертинип каласың. Эл–журттун, тууган жердин башына кыйынчылык түшсө жол көрсөт, каалашыңча кочушта, пайдалан, элдин кем–карчын толтурууга кам ур. Асти, жеңил турмуш көздөп, сокур мүдөөңдү аткарыш үчүн кур бекер тырмышып, күчүңү бөөдө сарп кылба! Ардеменин убагы болот, ал пешенеси ачылган күнү табылат, буюрганга буюрат, айтканга күн мурунтан айтып коет. Ар кимдин ырысы өзүндө, бир күнү кааласаң, каалабасаң деле кудайым өзү берип коет. Берсе ырыс–кешиктүү экенсиң, чечилип олтурам. Бу дүйнөдөн мен да өтөм, сен да өтөсүң. Ылаажы келсе мураскер караштырып, сырды бек сакта!..–деп бүтүрдү.

Мен Таштан акеге касам ичип ант бербесем да сырды бек сактоого тырыштым. Кийин ал киши менен жамандык–жакшылыкта көп жолу кездешүүгө туура келди. Бирок, жакшы адамдын өмүрү кыска болот дегени чын окшоду. Биз тоого барып келгенден көп өтпөй, ак жеринен айыпталып, 10 жылга камалган бойдон дайыны чыкпай жоголду. Көп жылдар жалгызсырагансып жүрдүм. Кудайым буга да көндүрдү. Азыр жетимиш жетидемин, ичээрибизди ичтик, жээрибизди жедик. Аскерде кызмат кылдым, окудум–чокудум. Көңүлүм, сүйгөн кесибим – токойчулук. Кудайым силерге буюруп, пешенеңерге жазган экен, минтип чечилип олтурам. Сааты чыкпаса ушу да өмүрүмдө көп эле адамдар менен коюн–колтук алышып, катташып жүргөн ага–туугандарга, дос–жоролорго, бала–чакага буюрбай, бир–эки сапар кез кылган силерге ыраа кылган кудайдын көзү түз. Сырдын сыры болот. Аны каткан адам каалагандай чечет. Мынча болду, улуу кишилердин атын оозанып койдук, эми ошолорго бир куран окуп коеюн.

Куран окулду. Биз үндөбөй ичибизден күңгүрөнө бири–бирибизге жакшылык тилеп “оомийин” деп бата кылдык.

* * *

Мурда убадалашкандай Сейдали иним экөөбүз Сары–Бээге Шекен абамын ээлигине түшүп бардык. Күүгүм киргенче чөп чабыштык. Кечки салкында от жагып, казан астык:

– Балдар, кечке иштеп чарчадыңар го, жакшы жайланып олтургула. Шорпо бышканча кеп уруп берейин, –деп сөзүн баштады. Турмушта нелер болбойт. Ат бир баскан жерин эки басат дегендей, баягы мен силерге айтып берген Суу–Башына барып келгенден кийин жанымы коерго жер таппай, кайдадыр алыс сапарга аттанчудай, же бир күнү Таштан комиссар күлмүңдөп келип учкаштырып кетчүдөй жол карачу болдум. Ансыз деле эртели кеч чайкананын терезесинен агарып көрүнгөн учтуу тоолор мени өзүнө арбап чакырып жаткандай түр берет. Ушундан улам чайканада узакка иштей албасымды сезип жүрдүм. Аңкыган тоо гүлүн жазданып, күндүзү сур булуттарын, түндөсү жымыңдаган миң сан жылдыздарын үстүмө жамынгым келди да бир күнү баарына кол шилтеп айылга сапар алдым. Айылда көп жылдар абама шерик болуп жылкы бактым. Түмөндөгөн тоо чөптөрүнүн, жылга–жыбыт, кокту–колоттогу жан–жаныбар, парандалардын жан дүйнөсү жүрөгүмө жакынсына берди. Капчыгай төрдү аралаган сайын Таштан комиссар бат–баттан түшүмө кирип, көп эстөөчү болдум. Ошо себептенби, биртке каражат топтоп, айыл–апаны чакырып арбагына куран окуттум. Үч бөлмөлүү там тикелеп, өзүм сүйгөн кызга үйлөндүм. Келинчегим дүкөнчү, мен Таштан комиссардын сөзүн жерге таштабай токойчулукту үйрөндүм. Жашоом эчтекеден өксүбөй айтканым айткандай, дегеним дегендей орундалып турду. Кудай берип, келинчегим да жакшы чыкты, үй ишине тың. Сулуулугун айтпайсыңбы! Көчөдө ээрчишип басчу болсок, кимдер да болбосун , бизди суктана карашчу. Уулдуу болсом сөзсүз комиссардын урматына Таштан коймок болуп жүргөм. Балээ басып, келинчегим жыл айланбай дүкөндөн 20 миң сом карыз болуп калбадыбы. Эсепке кызыкпаган жаным, аки–чүкүсүн түшүнбөй “кантип мындай болуп калды?” деп акылым айраң. Ал убакта мындай чоң акчаны беш жылдап төбөң менен жер казсаң дагы таба алмак эмессиң. Бизден уйку качты. Мен күн алыс туугандардан бирин–экин чогулган жандыкты базарга айдап барып пулдап келем. Келинчегим ыйлай берип азып кеткенсиди. Сельподон: “Эки айдын ичинде төлөбөсөңөр тамыңарды үй–мүлкү менен мамлекеттин менчигине алып, он жылга каматып ийебиз” деп күпүлдөшөт. Айрыкча, жаш туруп, казысын май баскан Акимбай деген башчысын көрсөм эле үркүп кетчү болдум. Ал түгөттүн алдына салып айдап барып, камап койчудай болгон түрүнөн чочулап аялым экөөнү калтырап чыгып кетем. Ал экөө маңдай–тескей олтуруп чарчабай эртеден кечке чот кагып чыгышат.

Аялым экөөбүздүн чогултканыбыз, тууган-уруктардын тапкан— ташыганы менен араң эле жети миңден бир аз ашыптыр. Төлөмөрдүн мөөнөтү жакындаган сайын буту күйгөн тооктой чырылдайбыз. “Эми камалып кетет турбайбы?!” деп жашоодон толук үмүт үзгөндө, капысынан башыма Таштан комиссардын үңкүрдөгү казынасы кылт этти. Көзүмө алтын буюмдар элестегенде жүрөгүм алып учуп “кудай кааласа кутулат экенбиз” деген кыязда көңүлүм бир топ көтөрүлгөндөй болду. Анткен менен “казынаны таба аламбы? Эгер тапсам кантип пулдайм” деп өзүмчө эле жүрөкзаадамын. Эки–үч түн түйшөлүп жүрүп акыры “сөзсүз барыш керек” деген чечимге токтодум. “Көп деле кереги жок. Жетпеген акчаны жаба тургандай нерсе алып келсем эле болот” деп өзүмү жооткотуп жолго тымызын кам урдум.

Аялыма “Ат–Башыдагы туугандарымдан карызга бирдеме сурап келейин” деп калп айттым. Бир жумага жете тургандай азык камдап, жан шеригим жоргосунан жазбай мени тааныш жолдор менен алып баратты. Баягы экспедициядан келгенден соң азыр мен бараткан жер эл арасында “шайтандар өрөөнү” атка конуп, аякка эч ким ууга чыкчу эмес. Комиссардын “ал жердин ар бир ташы уютулган эле алтын” дегенине караганда жогорудагыдай шуулдак кеп жогортон төмөнгө карай ыргытылган ушактай. “Шайтан өрөөндө паланча жылы түкүнчө адам набыт болду” деп эле жергиликтүү радиондон берип жатышчу. Мага ал жерден учуп өлө турган деле жери жоктой көрүнгөн. Ошентип, арадан канча убакыт зымырап, эрезеге жетип, үйлөнүп–жайланганда аргасыз айдалган кулдай атайын аттанып, мен бараттым. Эл жаканы көздөй көчкөн кез. Жайлоо аңгырап, аска зоолору, капчыгай, төрлөрү жалгызсырагандай тунжурайт. Эки күн дегенде Сашаны аюу жаакка чапкан Суук–Төргө жетип ат чалдырдым. Оо, ал убакта ышкындуу, беттен аюу каччуу эле, эми карарган короонун орду гана калыптыр. Чарбанын төрт–түлүк малдары буерге эмес, кайберендер кеңири жайылып оттогон Муз–Төргө чейин жеткен кез. Мурда бул жерге мал айдаган малчы эмес, кайберенди оңко түшүргөн мергенчилер да чанда келишчү. Союзу курусун заманына жараша тушоосу ушу бейм. Ойлонуп жатып үргүлөп кетипмин.

Түнү шамал бир оокумга чейин арылдап согуп чыкты. Таң үрүл–бараңда сапарымы уладым. Аккула кез–кез жол боюндагы аткулактын бүрүн сыдырып жеген болот. Өзүмдү алаксытмакка жолду ката ар ырдын башын кыңкылдап жүрүп олтурдум. Адам жалгыз алыскы сапарга аттанганда кудайчыл болуп кетет окшобойбу? Кудайлаган сайын оюма ардемелер келет. Шайтан өрөөнгө жакындап, алыстан үңкүрөйгөн ташты көрсөм аңдып жаткан жин шайтанга, албарсты, же жез тумшукка окшоштурам. Ошондо: “Далай ирет жаман жорук–жосундун үшүн алган Таштан комиссардын арбагы жин шайтандардан сактасын, ак батасы тийсин” деп ичимен келме келтирем. Алтындан керегенчелик алам да кайра тартам” –деп актанам.

Капчыгайдын чатына келгенде атты астейдил байладым. Булактын суусуна бети–башымы чайып, комиссардын арбагына багыштап узак куран окудум. Атымы отко коюп, өзөк жалгадым. Бүгүн ушул жерге түнөп чыкмакка отун камдамак ой менен өөдөлөй бастым. “Сактыкка кордук жок” деп мылтыгымды асынып алгам. Жүрөгүм уйгу–туйгу мыжыгып, эртеби–кечпи, бир шумдуктун үстүнөн чыгаарымды аттанганда эле сезгем. Сезмек турсун, жолду ката күтүп келгем, мына, эми күткөнүм мен ойлогондон итабар ашып түштү. Жоон топ четинди айлана бергенде бет алдымдагы асканын бурчундагы денесин түгөл түк баскан адам түспөл жез тумшукту көргөндө жүрөгүм оозума кептелип калды. Буттарым чулу таштай оорлошуп, боюм суу бүрккөндөй жыйрылды. Жез тумшук экөөбүз көпкө бири–бирибизден көзүбүздү албай карап турдук. Коркконго кош көрүнүптүр. Мен эми гана анын бетинен түктү, жүзүнөн жаманчылыктын белгисин окуй албадым. Ал ушул чөлкөмдүн пири сыяктуу көз ирмебестен кебелбей турду. Ортодон канча убакыт өткөнүн билбейм, манжаларым кыймылдап, денеме кан жүгүрдү.

Акылымы токтотуп, жакын турганда дурустап карап алайын деп телмире үңүлсөм, жез тумшуктун кебете кешпири мага эзелтен тааныштай жылуу учурады. Балким ишенээрсиңер, балким жоктур, мен аны Таштан комиссарга окшоштурганда оозум аңырая ачылды. Таң калдым.

“Таштан аке биякка кайдан келсин. Аны “эл душманы” катары атылат деп алып кеткени качан? Тирүү болсо эмдигиче дайыны билинет эле го! А мүмкүн көзүмө көрүнчүсү көрүнүп жаткан жокпу?” деп күтүлбөгөн жерден “Таш–таа–ан аа–аке–е...” деп бакырып ийгенде жез тумшук көздөн кайым болду. Мен эс–учуму жоготуп, бийиктиктен кулап кеттим. Эсими жыйганда же басып жүргөнүмү, же уктап атканымы билбей, өзүмү көктө каалгып сүзүп жүргөндөй элестете бердим. Эстөө жөндөмдүүлүгүмдү жоготтум. Коркунучту сезбей, жин шайтандардан качпай калдым. Алар мени небак эле ороп алышыптыр. Аты жаман, түрү суук болгону менен сезимтал, жашырган сырыңды бат эле таап алган касиеттүү жан кебетеленди. Улуу жагылган отту тегеректеп бий бийледик. Мен бакшы бийин баштаганда шайтандар чочуп кетип, мени баса жыгылышканда тумчугуп өлүп кала жаздадым. Ошо калыбымда турууга, кыйкырып дүрбөлөң салууга чамам жетпей таң атканча кыңкыстап чыктым. Саар көзүмү ачсам күн кылайып келаткан экен. Ыргып турдум. Булакка барып жуундум. Келсем чычала түтөп жатыптыр. Бирок качан от жагып, качан көпчүк жазданып жатканымы түк эстей албадым. Баарынан да оттун айланасы басырылып калганына акылым айраң. “Балким, ат оонагандыр?” деп боолголодум. Чөгүндү чокко коюп, Аккуланы токудум. Ат менен тоонун алкымына чейин жетип алсам андан ары жөө чыкмакмын. Мылтык жарагымы ырастап, чың тоюндум. Ээрге көчүк басканда, жаныбарым, камчы салдырбай капчыгай өрдөп жөнөдү. Болжогон жерге жеткенде, аттын ээрин алып, аргамжылап койдум. Белими бек бууп, жоолукка нан ороп, көзгө тааныш кыр аркылуу катуулай бастым. Улам өөдөлөгөн сайын бет алдыман, же артыман кимдир бирөө теше тиктеп тургандай, мен кайда бассам, ал да ошоякка басат. Эки курдай жапайы доңуздун үйүрү менен карпа–күрп сүзүшүп ала жаздадым. Бирөөсүн так чыкыйга атып кулатсам болоор эле, тилекке каршы мүмкүн эмес. Тоо чөбүнүн бүрүнө нык семирген кекилик, кыргоол, улар туурадан пырпырап учуп, биринен өтүп, бири сайрайт. Бу өрөөндөн кайберен эмес, бир да чымчыкты атпоого сөз бергем. “Кудай жол берсе, алтын колго тийсе, үйгө кайтып баратып, башка зоодон кийик, паранда атып алып келинчегимди кубантам го” деп келатам жаман кыялымда.

Дүрбү салып салаңдаган асканы, коюу өскөн арчалуу черди издейм. Зооканын боорунда кийиктер жүрөт. Аңгыча төбөмөн кечээ жолуктурган жез тумшук бир көрүнө калып, заматта жок болду. “Өңү жылуу немени мен качан, каерден көрдүм эле? таң калдым. Ал дагы мен сыяктуу бейиш төрүнө бараткандай түр көрсөттү. Жапайы жандыктын соңунан акмаладым. Бирок ага ушунчалык жакындайын десем да караанын көрсөтпөй алка–шалка терге чөмүлттү. Дем алсам дем алат, бассам басат. Тигинин кызыгына түшүп байкабай калыпмын. Эңиле кунт коюп карасам мен кадимкидей тапталган кыл жол менен бараткам тура. Муну үңкүргө ортолоп калганда сезип турбаймынбы. Менин болжогон белгим салаңдаган асканы таба албай суй жыгылдым. Түш оогондо аргасыздан токой аралай жорткон жез тумшуктун соңунан ээрчидим. Арча, кайың, карагай, жаңгак аралаш өскөн токойго киргенде өзүмү кандайдыр жеңилдегендей, жол басып эч качан чарчабагандай ахыбалды сездим. Абасы да өзгөчө таза, сонун жыттанып турду. Жез тумшук мени келатабы дегендей таштан артыла карады. Буерге өмүрү шамал тийбет окшойт. Анткени, жазда жыгылган чырпыктын бутак шагы, жалбырагы ошо бойдон көгөрүп дирилдеп турат. Укмуштуудай жымжырттыктын өкүм сүргөнү таң калтырды. Жадагалса ызылдап чымын тургай, жер үстүндө жөрмөлөгөн курт–кумурска көзгө чалдыкпады. Качан ора–пара барганда гана үңкүрдүн ичине кириш үчүн жапалак арчанын алды менен сойлоп, анан анын оозун жапкан арчанын бутагын өөдө кылып кирээрин түкшүмөлдөдүм. Бу баягы жылкыдан башка үңкүр сыяктанды. Бирок, эки үңкүрдүн кандайдыр деңгээлде өз ара байланышы бар экендигин туюу мен үчүн кыйын эмес болчу. “Биссмийилда” деп үңкүргө бут койгондо эле көзүмө төбөсүнөн, капталынан күндүн жебелери сайылган боз үйдүн ордундай эки үңкүрчөгө көз жүгүрттүм. Мени акмалап жүргөн жапайы жандык ың–жыңсыз жоголду. Бирок, ал мага жакын эле жерде тургандай сезилип жатты. Кызыгы, эки үңкүрчөнү басып өтүп, негизги чоң, салкын жерге өткөндө болду. Үңкүрдүн боорунан буралып өскөн арчанын тамырына кынтая жөлөнгөн шатыдай жез тумшуктун сөлөкөтүн көргөндө жүрөгүм “шуу” дей түштү. Байкуштун денеси эбак мумуе болуп катып калыптыр. Жанында ошондой эле катырылган адам суналып жатат. Жакындап барууга мүмкүнчүлүк жок, себеби, аарчылган куу арча, кайыңдын бутагы менен айланта тосулган. Коркконуман, дагы алда неме болуп кетпесин деп мылтыгымды алдыга суна, тигилерди мисирее карадым. Жез тумшук менен адамдын колу кармашып турат. Ушул көрүнүштүн баары мага кызыктай сезилди. Күтүүсүздөн бек кармашкан колдорунун ортосунан салаңдап турган көзгө канык буюмду көргөндө оозуман келмем кетип, таманыман төбөмө чейин чымырап кетти. Мен ал акак, бермет, алмаз чөгөрүлүп жасалган алтын тумарды комиссардын мойнунан далай ирет көргөм. Көрмөк турсун кармалап, алтын чынжырын бириндетип санап чыккам. “Эмне” жанындагысы Таштан комиссардын арбагыбы?” деген күдүк ой төбө чачымы тик тургузуп, баданим үшүп кетти. Төрдөгү жалпак ташта эмнелер гана жок. Ал жердеги байлык менен дүйнө жүзүнүн жарымын сатып алчудайсың. Күмүш шакек, билериктен баштап, алтындан жасалган кумура, тыйындар, алмаз, акак, бермет шуруларга чейин жык–жыйма додо болуп үйүлүп жатат. Төбөдөн сайылган күн желеси тири укмуштай көз тайгылтат. “Өлалбай жүрүп өлөң айтат” деген кептин чындыгы бар окшобойбу. Коркконуман тишим–тишиме тийбей калчылдап жүрсөм да “бала кезимде көргөн басмачынын сөөгүн, куржун толо алтын, узун шамшар бычак жана беш атар мылтык кайда жатты болду экен?” деп алаңдай тегерегими карайм. Алыстан карарган үңкүрдөн күн нуруна чагылышып жылтылдаган гана нурлар көрүнөт. Эми алчусун алып кетейин деген кыязда таштын үстүндө чачылган кумурадагы тыйындардан бир ууч алсам карызыма жетчүдөй өңдөнүп, жылчыктан колуму узаттым. Аракетим түккө арзыбай канчалык эңилсем дагы тыйындарга жете тургандай эмесмин. “Казынаны жылаандар кайтарат дечү эмес беле. Колуму чагып алып, бөөдө кырсыка кабылбайын” деп билектей жоон таяк менен бирөөнү тырмалап жатып араңдан-зорго алдым. Бир сомдук сөлкөбайдан чоңураак. Тиштеп көрдүм. Бетинде мага белгисиз тамганын жана таканын элеси түшүрүлүптүр. Нак алтындан жасалгандай. Мен сөлкөбайды көпкө кызыга карап, чөнтөгүмө салып жаңы эңкейгенде көзүм караңгылашып, жыгылып түштүм. Казынаны кайтарган ажыдаардын сүрүбү, же жез тумшуктун кесепети тийдиби, айтор, элдир–селдир эсиме келсем кимдир бирөө мени дегдеңдетип көтөрүп бараткандай туюлду. Көөшүлүп уктагым эле келет. Ошо бойдон эртеси турупмун. Ат аркандаган жер такырайып от качкан. Аккула мен турганда кишенеп жиберди. Мас адамдай эңгиреп, буерге эмнеге келгенимди, кантип келгенимди эстей албай башым маң. “Башым сергип, бирдеме эске келеби” деп бел курчоомон тоо суусуна чайындым. Бу да сеп болбоду. Ошондо мага бир гана ой “Эптеп буерден аман эсенимде кетүү” болуп карбаластап буюм–теримди жыйнай баштадым.

Ошентип сакал мурутум үксүйүп үйгө келдим.Арадан жарым айдан ашуун мезгил өтүптүр.Күүгүмдө келгем. Аттан түшөөр менен эки милиционер эки жагыман колтуктап,башка көзгө койгулап,колу— бутуму чырмап ийишти.Үйдөн атырылып сельпо башчысы Акимбай,аялым чыкты.

-Аа,келдиңби, жез тумшук?! Өкүматтын укуругу узун. Эч кайда качып кетип,кутула албайсың. Акчаны уурдаган ушу,камап салгыла,—деп бакылдады Акимбай. Аялым чырылдап ортого түштү. Кара басып чөнтөгүмү оодарып алтын сөлкөбайды таап алганда “чыкпас торго чалынганым ушу” деп оор үшкүрүп, онтоп ийдим. Алтын ошондо мага жарым тыйынчалык пайда апкелбей, туңгуюкка такаганын түшүнгөндөн артык эмне бар. Милицияда эки ай кыйнашты. “Алтынды кайдан, кимден алдың? Айт, сволуч!” деп көпчүктөй болуп шишигенче сабашты бейм. Акыры менден эчтеме чыкпасын билиштиби, мен укпаган күнөөнүн баарын мойнума коюшуп он бир жылга кесишти, жети жылда кайтып келдим. Мен түрмөгө кеткенде эле сельпо башчысы Акимбай аялыма үйлөнүп, эки балалуу болуп калышыптыр. Кийин түшүнүп жүрбөйүмбү, келинчегим дүкөнчү болуп орношкон күндөн көзгө түшүп, торго чалынганын. Териштирип олтуруп келинчегим эч кандай карыз болбогонун, мен эптеп–септеп чогулткан жети жарым миңди экөө чөнтөгүнө солошконун, сөлкөбай андан чоңураагына кеткенин билдим. Ошо кеткен барабар, ушу кезге чейин келинчегимди жолуктуруп, чер жаза сүйлөшө албадым. Тиги жерде жүрөт дегенинен барсам качып кеткен болот. Акимбай жакында эле картошка оросун ачып жатып жылан чагып өлдү. “Өлбөгөн кулга жаз келээр” деп түрмөдө жатып көп ойлондум. Жез тумшук Суу-Башында тукум улап жатканы кубандырды. Али менде көп сыр жатат. Бул менин силерге айткан экинчи сырым.

– Түрмөдөн келгенден кийин тиякка барууну ойлодуңузбу?–деди Сейдали иним Шекен абага собол таштап.

– Кайдаа–ан, балам, зарылдыгы болбоду. Кудай буюрса быйыл барабыз. Камдана бергиле. Алы–күчүм барда силерге жол көрсөтүүчү болом,–деп сөзүн бүтүрдү карыя мергенчи.

Биз мергенчинин аңгемесине таасирленип, көкүрөгүбүздү кытыгылаган аруу кыял, чоң ишеним, ааламдын ачылбаган сырын ачып, дүйнөгө жар салчудай кебетеленген шайтан үмүт бизди үйдү көздөй жетелеп жөнөдү.

 

© Осмонкулов Ж.А., 2002. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4445