Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Осмонкулов Ж.А., 1994. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 10-марты

Жапарали Адашканович ОСМОНКУЛОВ

Канкор желдет

(Повесть)

Жазуучунун бу жыйнагына 37-жылдардагы репрессия жөнүндөгү повести кирди. Автор китепке сүрөөнчү болгондорго чын жүрөгүнөн ыраазычылыгын билдирет

Осмонкулов Ж. А. Өмүрдүн көз ирмемдери. – Б.: Бийиктик, 2002. — 192 6. китебинен алынды
ББК 84. Ки 7-4 
О-72
ISBN 9967-21-360-4
О 470230000-02

 

Орусиянын байыркы шаарларынын бирине журналисттердин эл аралык семинарына катышканы келгем. Семинарга арналган жети күн бат эле өтүп кетти. Үйгө алдын ала самолетко билет алып койгом. Ошондуктанбы аэробекетке бир саат эрте келдим. Мен келгенде, аэробекет кадимки адатынан жазбай бака–шака, ызы–чуу түшүп жаткан экен. Ызы–чууну сүйбөгөн жаным жарым саат болсо да тынч олтура турайын деп, күтүү залынын төрүнө өтө качтым. Алдырарга жаздырар дегендей жайланып отурар замат семинардан алган таасирлеримди тышы сүрүлгөн көк дептериме жылуусунда түшүрө салайын деп жазып жатпайымбы өлүп–тирилип. Илхамым келип калганбы, кызып кетипмин. Аңгыча каттамды жарыялап калды. Шашып тура калдым. Документимди алайын деп эңкейип эле, булгаары чоң баштыгымды, ага арта салган күрмөмдү ордунан сыйпалап таппай калдым. Оозунан алдырган иттей болуп, аңкайып эле калыпмын. Оо көптө барып, көзгө жылуу баштыгым көрүнө калабы деп, буту күйгөн тооктой өөдө–ылдый тызылдап чуркап жүрбөйүмбү. Бүт документ, акча, балдарыма деп алган белек–бечкек баштыкта эле. Эми канттим? Чөнтөгүмү аңтарсам бир тостокан семичкеге жетер жетпес сары чолоктор гана жүрөт. Баштыгым жок. Самолет да учуп кетти. Издей берип суй жыгылганда, аэробекеттин күзөтчү милиционерине кайрылдым. Күзөтчү жаш неме экен: “Дароо билдирбейсизби, жоголду да жексурлар” –деп ары–бери жагын карамыш болуп, сыртка чыгып кетти. Издөөчү түрү жок. Эрдими кесе тиштеп, сурдана баштыгымды таанып сырттан ууруну кармап алчудай ызама чыдабай көчөдө гөлөк–гөлөк желип баратып, зоңкойгон жаным, дарбыз көтөрүп келаткан абышканы жөөлөп кетпедимби. Абышка делдейип, колунан жылбышкан дарбызы асфальтка тарс тийгенде, кыпкызыл болуп бырчаланып кетти. Өзү көтөргөн дарбыздай калдайган башында бир тал чачы жок мага окшогон шатыдай немекен. Чий калпагын башына кийгизип, чебелектеп кечирим сурап ийдим.

– Азыр эле баштыгымды уурдатып ийип, кайсактап издеп бараттым эле. Болгон, калган акчам ушу, –деп сары чолокторду сунсам албайт.

– Эчтеке эмес, дарбыздын барар жери ошол да. Шпаналар вокзалда көп болот. Эми таппайсыз, –деп коет кубарган жүзүмө тигилип.

– Кайда учмакчы элеңиз? –деди кепке тартып.

Абышканын жылуу мамилеси мага жага түштү. Ошон үчүнбү:

– Мен Бишкекке учмак элем. Самолетум учуп кетти. Документтерим, билеттерим, акчам – баары сумкада эле, –деп жан сырымы айтып берсем кейинип башын чайкады.

– Ысык–Көлдөн болбойсузбу?, –деди кубанганын жашыра албай жүлжүйүп.

– Жок, Оштонмун, –дедим. Абышка саамга ойлонуп туруп: –Ошто болбодум, бирок көлдө болуп келдим. Жердин керемети ошоерде турбайбы. Элинин меймандостугун айтпа, тимеле сөз жетпейт. Сыйга сый дегендей мынча болду үйгө жүрүңүз, конок болуп кетесиз. Бүгүнчө эс алып эртең жөнөсөңүз деле болот. Себеби, поезд буерден Бишкекке саат ондо жөнөйт. Эртелеп узатып коем, –деди чын дилинен мулуюп.

Түнү кайда бармак элем. Карызга акча берсе, эртең деле поезд менен кеткеним оң эмеспи деп, абышканын сунушуна макулдугумду билгизгендей ээрчий бастым. Абышка өзүн:

– Павел Степанович Букреев, шаардын тургунумун. Азыр эс алуудамын, –деп тааныштырды.

Сөзмөр көрүндү. Куш өмүрдүн далай ашуусун ашып калганына карабастан, кычырата кармаган шадылуу колдорунан улам, дагы эле качырдай күчү бар экенин сездим.

Бизди такси шаардын четине тез эле жеткирип койду. Айнек терезеси кештеленген заңгыраган чоң тамга кирдик. Чай койду. Үстөл үстү жайнай түштү. Бир тостокандан коньяк ичтик. Кемпири балдарыныкына конокко кетиптир.

– Жылда ушу мезгилде бардыгы чогулуп, бул үйдө мейман болуп кетишет. Сегиз балам бар. Сегизи сегиз жерде кызматта. Биз ошолордун өмүрүн кудайдан тилеп олтурабыз. Биздин өлөөрүбүздөн башка эмнебиз калды дейсиң, –деп сүйлөп отурду. Түтөткөнү “Беломорканал”. Сөздөн сөз чыгып олтуруп, кызып кеткен экенбиз таңдын атканын сезбей калыппыз. Абышканын башынан өткөн окуясын угуп, төбө чачым тик турду, анткени, мындай шумдук кызматта иштеген адамга жолугам деп түк ойлобогом. Павел Степановичти кыялымда дүйнөдөгү өзгөчө адамдардын сабына кошуп отурдум.

– Жазам,— дедим жазмакөй шашмалыгым көөдөнүмдү кытыгылап.

– Жазыңыз, – деди абышка да камырабай бөйрөгүн таянып.

Тышы сүрүлгөн көк дептерим ушул жерден чоң ишке жарады. Ошерден эле чиймелей баштадым.

***

Аба ырайы түш ооп барып ачылды. Үч күн удаа нөшөрлөгөн жамгырдан шаар жадап калгандай, күндүн көзү көрүнөр замат көчөдө кыймыл кызыды. Дүкөндөрдөн элдин аягы үзүлбөй, аркы–терки зуулдаган машинелердин таманынан суу чачырайт. Үйдүн чатырындагы күүлдөгөн көгүчкөндөрдөн, чырылдаган таранчылардан мазең куруп, шаардын чыгыш турак–жай массивиндеги түрмөнүн алды элге кымгуут толуп турду.

Мен ушу түрмөгө караштуу НКВДнын “өзгөчө кызмат тобуна” кызматка алынып, көңүлүм шайдоот жүргөн. Түрмөнүн жол–жобосу, ички–тышкы тартиби менен таанышып бүтүп, түшкүлүк ичип алайын деп ашкана тарапка баратсам “Сени начальник, полковник Зимолин чакырып жатат. Тез баргын”, –дешти. Учуп бардым. Кабылдамада купкуу секретарь аялдан бөлөк эч ким жок экен.

– Кире бериңиз, сизди күтүп жатат, –деди ал жылмайган тейде.

Мүчө–боюму түзөп, эшикти тык–тык урдум.

Ичкериден: –Кире бериңиз, –деген корулдаган үн чыкты. Эшикти ачып кирип бардым да:

– Жолдош полковник, сиздин буйругуңуз боюнча “өзгөчө топтун” кызматкери Букреев келди,–дедим аскер адамдарча какайып.

Бир караганда көзгө толумдуу кабинетте кызыл тукаба жабылган үстөлдө өбөктөп, бирдемени жазып жаткан кашка баш, өңү серт полковник эмне айтар экен деп күтүп калдым. Полковник колун жаңсап “жакыныраак келиңиз” дегендей ишаарат кылганда, аңгеме көпкө созулаарын билүү кыйын эмес эле. Жерге салынган килемге чалынып кетпегей элем деген сактык менен бет маңдайына барып турдум. Полковник бир убакта бирдемени жазып бүттү окшойт, башын көтөрдү да, андан соң:

– Жатаканадан орун алдыңызбы?–деди сөздү алыстан баштап.

– Алдым, жолдош полковник, – дедим мен кабинетке көз жүгүртүп.

– Кызмат менен таанышып чыксаңыз керек. Бизде тартип абдан катуу. Буерде болгон нерсенин эч бирөөсү тышка чыгышы керек эмес. Бул буйрук. Чыгып кетсе өзүңүз гана эмес, тууган–уруктарыңызга чейин запкы чегип калышы толук ыктымал экендигин түшүнөсүзбү?

– Түшүнөм, жолдош полковник. Жаш бала эмесмин го...

– Түшүнгөнүңүз абдан жакшы. Өзүңүздү кандай сезип турасыз?

– Жакшы эле,— дедим, бирок эчтемени түшүнбөй ийин куушурдум.

– “Жакшы эле” дегениңизди кандай түшүнсө болот, жолдош Букреев?

– Жакшы деген жакшы да, жолдош полковник.

– Жолдош Букреев, сизди аскер адамы дейт. Суроого кыска, так жооп берүүгө көнүгүңүз. Заводдогу шалапайлыгыңызды таштаңыз.

– Жарайт, жолдош полковник! –Ыңгайсыз абалда бети–башым чымырап кетти.

– Өзгөчө кызматты аткарууга даярсызбы? –үн өктөм чыкты.

– Даярмын, жолдош полковник! –какая колуму чекеме алдым.

“Даярмын” деп айтышын айтып алып, кайра бүгүн эле маузерди ишке саларымды билгенде муунум титиреп, тизелерим калчылдап кеткенсиди. Ыраңым дагы алда немедей купкуу болуп кетсе керек.

– Болду, болду эми, –деп полковник креслону кыйчылдата өөдө туруп, жаныма басып келди. Калдайган алаканын мүрүмө койгондо, куш көргөн бөдөнөдөй шүмтүрөй түштүм. Полковник негедир калтыраган кебетеми жек көрө карады.

– Жылан басып алгандай, мынча жыйрыласыз? Нервиңиз жука көрүнөт. Жаныңызды кыйнабай өзүңүздү эркин кармаңыз. Аста–аста көнүп кетесиз. Көнө электе дайым ушундай болот, –дегенде мен “Мага эчтеменин кереги жок. Мени кызматтан бошотуп коюңуз” деп эчкирип ыйлап ийе жаздадым. Полковник ахывалымды көрүп, жини мурдун тепти окшойт, мага жутуп жиберчүдөй акшырайды.

– Деги, өзүңүздү бек кармаңызчы, бай болгур! Сизди күчү ашып–ташкан жаш жигит дейт. Сиз буерге эс алганы эмес, партиянын тапшырмасын аткаруу үчүн партиянын, элдин, Ата Мекендин чыккынчыларын, ашынган бандиттердин өлүм жазасын аткаруу үчүн келген аскер адамысыз. Деги сиз, өкүмөт менен партия сизге кандай чоң жоопкерчиликти мойнуңузга жүктөп жатканын түшүнөсүзбү? Сиз чынын айтканда кызмат ордуңуз менен сыймыктанышыңыз керек, –деди өкүм үнүн бек чыгарып.

Маңдайымда кызарып–татарып, көздөрүнүн огу болсо атып ийе тургандай заар чачкан түрмө башчысына “Түшүнөм, же түшүнө албай жатам” деп айталбай туруп бердим. Ошентсе да бир жагынан тилим күрмөгө келбей чайналып жатсам, экинчи жагынан полковниктин оозунан буркурап чыккан пияз менен спирттин жагымсыз жыты кускуму келтирип, айласыздан жаак ылдый куюлган терди аарчымыш этип, алда кызыктай баш ийкедим. Ушинтип өзүмчө карбаластап, алаксып жатканымда, полковник портсигардан тамеки алып түтөттү. Сталиндин портрети илинген дубалга сүйөнө тикирее чекчейди.

– Жолдош Букреев, сиз билесизби, эл душмандары өлкөбүздө түнкү бөрүдөй жойлоп, сайдын ташындай шагырап көбөйүп кеткенин. Ошол жойлогон арам бөрүлөрдү бирден кылтактап, так желкеге атып жыгыш үчүн силерге окшогон жаш коммунисттерди, жумушчу–дыйкан өкүлдөрүн партия өзү чакырып келип олтурат. А сиз болсо жаш балача бышактайсыз, шүмшүктөрчө калтырайсыз!

Полковниктин жини чындап кайнады белем, бакандай муштуму менен үстөлдү “дүңк–дүңк” урганда жаным көзүмө көрүнө түштү. Жумушчу–дыйкандын өкүлү дегенде ансайын калчылдадым. Анткени, мен буржуйдун, завод ээсинин баласы экенимди, ата–тегимди жашырып жүргөнүмдү билип калчу болсо азыр эле “Кой терисин жамынган буржуйдун тукуму тура. Ушуга окшогондор мамлекеттин ишин бүлдүрүп, аксатып жатышат” деп замбиректин оозуна такап атып ийгенден кайра тартпайт эле. Ушундан уламбы, булчуң эти титиреген полковникке сүрдүү көрүнөйүн деген ниетте бою–башымы жыйып, мындай дедим:

– Жолдош полковник, сиз туура айтасыз. Эл душмандары айлана–тегерегибизде сайдын ташындай көбөйүп кетти. Алардын тамырын түбүнөн кыя чабыш биринчи кезекте бизге окшогон коммунисттердин милдети. Аларды жер менен жексен кылмайын мамлекеттин иши эч качан алга жылбайт. Аларды аябастан согуу, согуу жана согуу керек!

Полковник менин кескин өзгөрүлгөнүмө таң кала сурданып, үстөлүнө барып отурду. Астейдил жайланып, мыйыгынан жылмайды.

– Мына, эми иш башка. Алгачкы тапшырма кыйын болоор, эч нерсе эмес. Буга да жытыгып кетесиз. Турмуш бардыгына көндүрөт.

Полковник алдындагы көп түс карандаштын ичинен кызылын сууруп чыгып, көк барактын төмөн жагына “Жолдош Букреев өкүм аткарууга даяр” деп тарбайта жазып, мөөрүн басты. А мен шордуу чулу таштай оорлошкон тулку боюму жибите албай, жонуман ылдый тер чылпылдап, майда калтырак басып турду.

– Сиздин иш бөлмөңүз 37 камера болот. Милдетиңиз: атууга буюрулган өкүмдү өз мөөнөтүндө так аткаруу, түшүндүңүзбү?–деп айтып секретарына кайсы бир майор Лободону чакырууну буюрду. Күн нурун көрбөгөнү купкуу өңүнөн, тыржыйган келбетинен эле баамдаган шыргыйдай майор кабылдамада күтүп тургандай дароо кирип келди. Полковник бизди тааныштырды да, мени иш ордуна алып барууну буюрду. Майор мени сыз жыттанган подвалга ээрчитип жөнөдү. Иш бөлмөнү көрсөтүп мындай деди:

– Жолдош Букреев, сиз өкүмдү туура саат он үч нөл–нөлдө аткарасыз. Даярданыңыз.

Түрмөнүн башкы күзөтчүсү майор Лободо спирт куюлган чоң бочкадагы күрүшкөнү колума карматып, ички байланыш телефону аркылуу кимдир бирөөгө буйрук берип жатты. Ушундан түрмөдө өкүмдү өз мөөнөтүндө аткаруу механизми катуу тартипте сакталарын туюу кыйынга турбады. Дубалдагы саатты карасам: он үчкө али жыйырма мүнөт бар экен. Демек, дагы убакыт бар. Спирттин кандай максат менен турганын билбей жаттым эле, эми айдан ачык болгонсуду. Көрсө, спирттен ичип алсаң жыйрылган нервиң жазылып, ичиң уйгу–туйгу болбойт окшобойбу. Анан айбат көрсөтүп, алдыңан чыкканын мойсой бербей жаның жокпу. Баарын билип турсам да спирт ичип алуудан абал, жуунучу бөлмөгө кирип, суу чоргого башымы тостум. Муздак сууга чайынып, отуруп–туруп, бети-башымы чапкылап, алмага түшкөн курттай жыйрылган денемин калтырагын араң бастым. Кечигип калган жокмунбу деген ой кокодон алып, чыйрыктыра баштаганда коридорго атып чыктым. Сергий түшкөн жаным, бочкадагы спирттен жарым күрүшкө сузуп алып, ойлонбостон эле тартып ийдим. Спирт -ичеги бооруму куйкалап эле кетти. Көзүм чекчейип, колуму оозуман албай отуз жетинчи бөлмөнү көздөй темтеңдей жөнөдүм.

Бөлмө тар коридордун төрүндөгү күн шооласы кирбеген туюк жерде экен. Ал жерде сутка бою жарык өчпөй турат. Менин бөлмөм аркылуу кууш коридордон өтүп оңго бурулсаңыз дубалдарына адам каны түбөлүккө сиңип калган ар кандай жандын сүрүн качырган коркунучтуу муздак камерага туш келесиз. Ал да темир дарбаза менен жылчыксыз тордолгон. Буерде айкырмактан пулеметтон ок чыгарсаң да тышка угулбайт. Атууга өкүм кылынгандардын сапары ушуерден карыйт. Өлүмгө даярдаган эки кызматкер–дарыгер бар. Алар ашынса жыланга тил киргизет. Түрмө башчысынын тизмеси боюнча атууга бараткандарды мончого түшүрүп: “Сиз адилеттүү соттун чечими менен акталдыңыз. Сиз менен азыр Улуу Теңир өзү сүйлөшөт. Узак жол жүрсөңүз, сапарыңыз байсалдуу болсун!”–дегендерин уккан кулактарына ишенбей жүрөгү элеп–желеп болуп турганда, капылеттен мен чыга калам да кудаанын мусапыр пендесин андан ары ойлонто койбостон желкесине маузер такайм. Анан өлгөндүгү тууралуу врач–эксперттер акт жазышат. Кийин алардын деле кереги жок болуп калды. Шалак этип, муздак жерге кулаган байкуштарды көр казгандар тобунун балдары “жаны чыксын” деп күтүп турбастан диртилдеген денени ары–бери арчындай салышчу болду. Антпесе үч бүктөлүп муздаган денени өөдө–ылдый ташыш кыйынга турат. Болгону ушул.

* * *

Жашыруун инструкцияны ичимен кайталап, камерага келсем, мени күтүп калышканбы, айтор, унчугушпай эле килейген темир дарбазаны үнсүз ачып, кууш коридорго кийирип жиберишти. Экинчи темир дарбазаны өзүм ачтым. Бүлбүл жарык чачкан камеранын ным жыттанган каңырсык жыты мурдуму өрдөдү. Окшуй турган болуп токтодум. Бет аарчым менен мурдумду жаап, узун–туурасы 4-1,5 болгон камерага кирсем колун артына алып кайырма жакалуу ак көйнөк кийген, чымыр денелүү адам мага желкесин салып туруптур. Ичимди өрттөгөн спирт биртке кайратымы курчутуп, баатырсынып калыпмын. Каным дүргүп, эзелтеден кегим бардай тиштендим. Инструкция боюнча алдымда ким турбасын: мейли кибиреген кемпир–чал, мейли оозунан эне сүтү кетелек наристе, же желмогуздун өзү турсун, сен кандай немелең деп сүйлөшүүгө, жүзүн кароого, өкүмдү аткарсам болобу, болбойбу, туура кылып жатам¬бы, жокбу” деп ой жүгүртүүгө укугум жок болчу. Ошондуктан шыр эле оор маузерди кабынан сууруп чыгып, инструкция боюнча так кара кушка мээледим. Капыстан эле жер силкинип кетип жаза аттым дебесем, желке тамыры көгөрүп көрүнүп турган нукумдай жерден жаза атуу деген таптакыр ойго сыйбаган нерсе. Канткен менен адам өлтүрүү чымынды шапалак менен куугандан жеңил эместигин чын жүрөгүм менен сезип жаттым. Тобокелчи кыр ашат дегендей, көзүмү жуумп, маузердин машасын басканда, “дагы кимиси сурак жүргүзөт экен?” деп дендароо ойго чөмүлгөн байкуш шалак кулап түштү. “Эл душманы дагы бир адамга азайды”,–дедим ичимен күбүрөп. Аңгыча кайдандыр чыккан кобур үндөргө кулак төшөп эңкейе бергенимде, көмкөрөсүнөн сулап жаткан адамдын оң колундагы “Саша Дуров” деген жазуу көзүмө чагыла түштү. Колдогу жазуу таасир эттиби же “Саша Дуров” дегенди өлтүргөн турбайымбы” деген күдүк ойдон көңүлүм айнып, дубалга сүйөнө калдым. Ушу маалда чылымын туура тиштеген көр казчу топтон Саша Мухин дегеле эчтеме болбогондой какырынып–сөгүнүп, короого чыкчу эшикти тээп ачты. Маш болгон колдору өлүктү кайыш аркан менен узун, туурасынан арчындай салды да тышты көздөй сүйрөп жөнөдү.

Мен үшкүрүндүм. Абышка мага көңүл бурбай аңгемесин улай берди.

— Кийинчерээк аркандын кереги жок болуп калды, себеби, өлүм жазасын ишке ашырчу бөлмө дагы төрт камерага көбөйүп, күн бою атылган элүү–алтымыш адамдын буту–колунан кармап туура эле машинага ыргыта башташкан. Камералардын көптүгүнөн, алардын татаал жайгашышынан акыл–эси мыкты адамды дагы кууш коридордон кийирип жиберсең, чыга турган тешигин таппай жинди болуп кетээри бышык эле. Алгач биздин деле башыбыз адашып жүргөн, бирок күн сайын кирип чыга берсең жадыбалдай жат болуп калат экен. Ошентип, ойдогу жок жерден штаттагы паекту алып, кызматымы кылдат аткарган мерез профессионал желдетке айландым да калдым...

Букреев оор күрсүндү. Мени коркунуч бийлеп, коркконуман ордуман кантип ыргып турганымы сезбей калыпмын. Дагы кандай балээге туш келдим эле деп ары–бери баса баштадым. Абышка өчкөн тамекисинин күлүн түшүрүп, кайта ширеңке чакты. Ырахаттана түтүн үйлөгөнүнө караганда ичтеги бугун төгүп, жеңилдей түшкөнсүдү, сукбатташым. Абышканын коркунучтуу көз карашы мени көтөрүп ургандай болду.

– А сиз билесизби, мен бала кезимде ким болгум келген?–деди аңгыча Павел Степанович тунжураган тымтырстыктан куткарып.

Мен ага уюлгуган түтүн арасынан жүлжүйө карадым да ойлонбостон эле суроо таштадым:

– Ким болгуңуз келди эле?

Абышка мулуңдап койду. Шондон улам мен анын бала чагын кубана эске аларын билдим.

– Көбүнесе саякатчы болом дечүмүн, –деди ал.

– Саякатчы?! Сонун ой экен, Павел Степанович, –дедим мен сукбатташымы колдогондой, –мынча болду кийинки өмүрүңүз, баштан өткөн кызыктуу окуяларыңыз тууралуу айтып бербейсизби?

– Ээ, жазмакөй досум. Эми ушунча чечилип баштаган соң, аягына чыкпасам болбостур. Суранып калдың, айтса айтайын. Кудаанын амири экен, сизге кез кылды. Демек, сиз аңгемени аягына чейин угууга толук укуктуусуз. Чылым тартпайсызбы, –деди кутуну мени көздөй жылдырып.

– Жок, –дедим мен башымы чайкап.

Сукбатташым көп маалкатпай аңгемесин баштайын дедиби чылымын дембедем тартты. Мен кайрадан коркуу дегенди эстен чыгарып, креслого чалкалай олтурдум.

* * *

...Бала кезимде дүйнөнү башкача элестетчүмүн. Өзүм жерде болсом, оюм көктө. Тоолорду жакындан өмүрүмдө көрбөсөм да, бир сапар түшүмө жашыл мунарык каптаган тоолор кирди. Мен ошо тоолордун бир башынан экинчи башына кайкып учуп, жүрө берчүмүн, жүрө берчүмүн. Качан канаттарым талып, жерге топ этип түшөрдө ойгонуп кетчүмүн да, эми учпай каламбы деп ыйлай баштачумун. Ошондо апам байкуш бети–башыман жыттап, “Кудаа кааласа жакшы адам болосуң. Уктай гой садагам, уктай гой. Бул жөнеле түш да” деп соорото баштачу. Мен кайрадан көзүмү бек жуумп: “Түшүм кайра кайрылып келсе экен” деп күтүп жатып уктап кетчүмүн. Бир жолу тоолор менен кошо өрүлгөн кундуз чачын мүрүсүнө таштап койгон кой көз, эриндери эндиктей кыпкызыл, кызыл көйнөгүнө тукаба чыптамасы жарашып турган кыз кирди. Кыз асман мелжиген шиш чокулуу тоолордун кучагындагы кыштакта, көл боюнда жашайт экен. Ал өркөчтөнүп аскага урган добулдун соңунан көбүк чачкан көлдүн жээгинде үлүлдүн кабыкчаларын чогултуп жүргөн болот. Жыландай соймоңдогон көлдүн илеби жылаңаяк чуркаган кыздын балтырына чыга түшсө кубанып, секирип ойноп, ак чардак экөө чарчабай бийлей берет, бийлей берет. Мен ал экөөнө жетпей, о ыраакта кыйнала берем, кыйнала берем. Түшкө кадыресе ишенип калгандыгымданбы, кээде түшүмдө тоолорду, кызгалдактай кулпунган көл кызын көрбөй калсам, кадимкидей кусага батып, сагынып калчу болдум. Тоо, көл жөнүндөгү маалыматтарды чогултуп, көп билүү максатында атамдын өздүк китепканасындагы мен окубаган, мен барактабаган китеп, журнал калбады. Бирок, бирөөнөн да алар туралуу маалыматтарды таба албадым. Чоңойсом “Саякатка чыгып, жер кезип көл кызын сөзсүз издеп табам” деп купуя сыр сактап, өзүмдү ошо жолугушууга даярдап жүргөн мезгилде, капыстан Октябрь Революциясы деген чыкты. Ал мен ойлогондой, эки–үч күнгө созулчу согуштай көрүнбөдү. Тутанган согуш көп жылдарга созулуп кетти. Аның жараткандын чырайына карабай, бирөөнүн пешенесине бүткөн ырыскысын колунан жулуп алып, экинчисине берип жатты. Мен ошолордун катарында элем.

Муну айтпасам болбостур, анткени, атам оокаттуу, кол алдында жүздөгөн адам көзүнүн агы менен тегеренип турган өтө каардуу, ачуусу чукул эле, шондон улам жини келсе аял–эркегине карабай уруп жибере турган пейил күткөн пенде эле, жарыктык. Өзүбүз заңгыраган короосу бар эки кабат үйдө турчубуз. Биз төрт жан элек. Адат боюнча биз жекшемби сайын сейил бакка эс алганы барчубуз. Апам бизди татынакай кылып кийинтип алганды жакшы көрчү. Кийин граждандык согуш башталып, шаар будуң–чаң түштү да калды. Замбиректин огунан үйдүн чатыры быт–чыты чыгып, өрттөнүп кетти. Колуна курал тийип, кожоюндарына каарданып калган жумушчу–дыйкандын кошууну буюм–тайымдын чыпчыргасын калтырбай тоноп кетишти. Атам колуна тийгенин алып, бизди күтүүсүздөн шаардын четиндеги кыштакта турчу Оля таэжемкине түндөп жеткирип, өзү “из суута турайын” деп кайдадыр кетип жоголду. Оля таежемин үйү чоң, короосу кең, кудугунда суусу мол болгондугунан уламбы, өөдө–төмөн чапкылаган атчандар көкүрөк басканы көп токтошчу. Алгач падыша өкмөтүн калыбына келтиребиз дешип кол чогултуп жүрүшкөн ак гвардиячыларга жан тартып жүрсөм, кийин кызылдар үстөмдүк кыла баштаганда аларга оодум. Анан кимиси актар, кимиси кызылдар экенин ажырата албай, эптеп жанды аман алып калуу көйүндө экөөнө тең кызмат кылдым, экөөнү тең жек көрдүм. Анткени, бири–биринен өөдөсүнүп отуруп, экөө тең талоончулукка баш–оту менен кирип кеткен заман келгенин жүрөк кургур сезип турду. Актар келгенде төрөлөрдөй каада күтүп, кызылдар киргенде бечарадай өлүмтүгүмү артып, баш кийимди учурдун талабына жараша алмаштыра коюп жүрдүк.

* * *

1918-жылы жаз айында короого кызыл атчандар кошууну келип токтоду. Кошуундун комиссары акылдуу, кичипейил, атка чапчаң секирип минген шамдагай киши экен. Бирок, бир киргенде эле шор таман комиссарлардан эмес экендигин байкап койдум. Себеби, маданияттуу үй–бүлөдө тарбия көрүп, жөнү жок эле жерден “атып салам, трибуналга берем” деп корсулдаган кошуундун командиринен алда кайда жогору көрүндү. Канткен менен анысын–мунусун да көрө берип, бир жолу көнүп бүткөнбүз. Ошон үчүн комиссар Серновдун кошууну келгенде, апам экөөбүз тең шымалана жарадарларга каралашып, бутубуз бутубузга тийбей чуркап жүрдүк. Алгачкы эле күндөн комиссар апамы шынаарлай баштады. Күн көтөрүлүп калган. Ичине ок жаңылган жарадарга суу алпаратсам комиссар токтотуп калды. Салаңдаган башымы жерден албай саксына жыйрылдым.

– Атың ким, чоң жигит?— деди сыпайы.

– Атым Паша, жакында онго чыгам, –дедим мен алсыз жылмайып.

– Жакшы, чоң жигит болуп калган турбайсыңбы. А атаң эмне жумуш кылат?

– Атам жыгач устачылык кылчу. үгүнү актар кыштакты аралап өткөндө атамы асып кетишкен. Буерде карындашым, апам, таежем болуп турабыз, –дедим ыйламсырап.

– Кантет, кантет. Чоң жигит дагы ыйлачу бекен. Кой ыйлаба, уят болот. Комиссардын көңүлү эрип, туурулган колдору жашымы аарчыды. Аңгыча жаныбызда апамын пайда болушу, мени көп нерселерден куткарып кетти.

– Ой, сен, жөндөн жөнеле бышактай бересиңби? Бас үйгө. Элге шерменде кылбай жашыңы аарчычы, –деп апам башыман сылап ээрчитип кетээрде комиссар учурашып калды. Тамагын жасап, гимнастеркасын кармады.

– Саламатсызбы Мария Михайловна. Капа болбосоңуздар, биз буерге жөн келген жокпуз. Сиздерге окшогон бей–бечараларды таарынткандардын катыгын берели, Совет өкмөтүнө каршы чыккандарды жер үстүнөн шыпырып таштайлы деп келгенбиз. – Комиссар титиреп кеткенсиди. –Ырахмат, ырахмат! Биз ыраазыбыз.

Көзү алаңдаган апам дагы эмне айтып жиберди деген кыязда колуму силкип, комиссардын сүйлөшкүсү келип ыңырылганына карабай жетелеп жөнөдү.Үйгө барганда болгонун болгондой айтып берсем, апам байкуш тапкан акылыма абдан кубанды. Жаңылдым дегиче оңбой калмак экенбиз.

Апам ар кандай жанга жылдызы түшүп турган сулуу аял эле. Ошол себептенби, акидей асылган Сернов комиссар биздин бөлмөгө ат тезегин кургатпай келчү болгон. Апам менен иши түгөнүп калгансып көпкө сүйлөшүп отуруп алат. Ар нерсенин башын айтып күлдүргөн болот. Апам байкуш тамаша айтса күлалбай, мостойсо көңүлүн алаксыта албай, менин көзүмчө кысыла баштаганда, тоскоол болбоюн деген максатта чыгып кетем. Кайсы күн экени жадымда жок, чыгып кетип, кайра келсем дале отурат.

– Мен сизди сүйүп калдым. Сизсиз мага жашоо жок. Сүйгөнүм, алтыным!–деп от жалын болуп күйүп, апамы өпкүлөп атыптыр. Мынчалыкка жетет деп ойлобогон жаным карап туруп каным кызыды. Кантсе дагы ак сөөктүн тукуму эмесминби. Чуркап барып комиссардын салаңдаган маузерине асылдым.

– Кое бериңиз, кое бериңиз! Атып салам, атып салам!— дей берипмин.

– Ой, Пашенька, келип калдыңбы. Мени кечирип коюңуздар. Мына азыр, кеттим, кеттим. –Шапкесин бырыштыра кармай кетенчиктей берди. Босогого жеткенде колун чекесине алып:

– Мария Михайловна, сунушумду ойлонуп көрүңүз. Жообун чыдамсыздык менен күтөм, –деп чыгып кетти. Артынан эшик карс жабылганда, апам өрөпкүп жаш төгө керебетине кулады...

Ошо окуядан анча өтпөй Катя деген шаардык сойкуну көчөдөн көрүп калдым. Ал кыштакка кечки бешимде келип түштү. Мен аны жакшы билчүмүн. Себеби, атамын заводундагы төрөлөргө көп каттоочу. Шаардык сойку чайпала басып пулеметчулардын жанындагы комиссарды көз ымдап чакырды. Мени бирөө ийне менен сайып алгандай атып турдум. Болду болбоду биз тууралуу сөз болорун жүрөгүм сезди. Чуркап барып арабага жашынып, сөз тыңшадым. Апам ушу саатта тепшидеги сууну төгүп, кайра ичкери кирип бараткан. Катя мен ойлогондой чү дегенде эле бизден баштады.

– Жолдош комиссар, сизге тээтиги бийкечтин ким экендиги белгилүүбү? Албетте жок. Ал деген чириген капиталист, кедей–кембагалдын кактабай канын соргон Панасов деген буржуйдун сүйүктүү жары, а жанындагы кара шыйрактар болсо кара чечекей уулу менен кызы, –десе болобу көз ирмебей туруп.

Чычайта тиштеген чылымын чертип коет. Колумда куралым болсо оозго атмакмын. Денем дүр үркүп, жонумда кумурска жөргөлөп жүргөндөй туюлду. Бүттүбү десем жок, шуркуянын айта турганы көп өңдөндү. Комиссарды ойлонто койбой ыктайт. Жагынгысы, сүйкүмдүү көрүнгүсү кычайт.

– А сиз, жолдош комиссар, алдыңыздагы айдай сулуу жаш селкини карабай, кайдагы мастанга сугуңузду артып жүрөсүз. Эскертип коеюн, Панасов дегендин ачуусу чукул неме. Азыр кай тарапта кан төгүп жүргөнүн ит билсинби, бирок сиз тууралуу билип калчу болсо азыртан сактана жүрүңүз. Антпесеңиз, өөдө качсаңыз бутуңуздан, ылдый качсаңыз чачыңыздан тартып чыгат. Укум–тукумуңузга чейин өч алат.

Катя комиссардын көкүрөгүнө башын жөлөп, эркелегиси күчөп турду.

– Эй, эй бийкеч! Мындай жапайы эркелөөңүздү токтотуңуз!–деп сойкуну өзүнөн оолактатып, кагынып жиберди. –Ал эми баалуу кабарыңызга абдан чоң ырахмат. Биз дагы андан кабардарбыз. Сойкуну чыканактан алып:

– Катардагы Донченко!— деп кыйкырды. Алеки саатта жетип келген аюудай солдатка:

– Мобу бийкечти шаарга чейин узатып койгула, аман–эсен тынч жетип алгыдай болсун, түшүндүңбү?–деп табыштап, көз кысып койду. Донченко “жым” дей түштү. Катя көздөрүн сүзүп, комиссарга сүйөнгүсү келип кыйшалактаганына карабай:

– Жөнө, жөнө! Болбосо бирди көрөсүң!–деп бакырды.

Колго түшкөн тоту кушту кое бергиси келбеген Донченко шуркуяны шап белден алып, бети–башына койгулап бакырганына көңүл бурбай сарайды көздөй сүйрөп кетти. Комиссар эки жагын элеңдей карап, чыйт түкүрдү.

Ошо күнү бизде жан калган жок. Керектүү буюмдарыбызды бир түйүнчөккө түйүп, даяр турдук, оңтою келсе безип кетели деп. Коркконго кош көрүнөт дегендей, күндөгү жаадырап жайнап баш ийкешкен солдаттар аш–паш дегиче бизден түстөрүн үйрүп, жылт койсок эле артыбыздан ок жаадырчудай сүрдүү туюла берди. Качан келип атып ташташат деп түнкү саат он экиге дейре күттүк. Апам уктап калган карындашымы жаткырып, сыртка чыгып келмекчи болгондо Оля таежем уруксат бербей койду. Акыры чарчаганда Оля таежем дагы жатты. Бөлмөдө тиктешип апам экөөбүз гана калдык. Аңгыча сырттан бирөөнүн акырын жөтөлгөнү угулуп, эшик тырс–тырс кагылды. Жаныбыз көзүбүзгө көрүнүп, жан алгыч желдеттер эми келген экен деген ойдо болдук. Эшикти мурдагыдан дагы катуу кага баштаганда, апам мени бөлмөмө түртүп киргизди. Колуна эчтеме илинбей карбаластап, илгичти шарак–шурак ачканда эле комиссар көрүндү.

– Кечиресиз, кайырлуу кечиңиз менен! Тоскоол болгон жокмунбу? Балдар уктап калдыбы? –деген тааныш үн кулагыма жаңырды.

– А сиз белеңиз. Келиңиз, кириңиз...

Апам сыпайы кайрылып төргө өткөрдү. Жүзүн тээп чыккан кайгынын же кубанычтын жигин билгизбөөнүн көйүндө колуна урунганын кармалап, алаксый берди.

– Олтуруңуз, –деди туруп турган комиссарга сыпайы кайрылып.

– Мен жайынча эле...

Комиссар шапкесин илип, үстөлгө көчүк басканда да, эмнегедир маузеринин кабынан колун албады. Маузерин кармалай бермей адатын мурдатан билсем деле негедир, бу сапар комиссарга ишенбей турдум. Качан гана ал маузерден колун алып, желкесин кашый бергенде, апам ушуну эле күтүп тургандай, ойдогу жок жерден бутуна чөгөлөй:

– Сан Саныч, кудай үчүн бизди кечире көрүңүз! Эки баламдын убалы кимге. Чынын айтсам күйөөмдүн кайда, эмне кылып жүргөнүн билсем кудай урсун! Оо, кудайым ай! Кандай күнгө туш келдик эле,кечире көрүңүз, –деди үңүлдөп. Мындай болуп кетет деп капарына албаган комиссар апамы колтуктап тургузду. Дегеле эчтеме болуп өтпөгөндөй мамиле жасады.

– Коюңузчу, Мария Михайловна, эмне деп жатасыз? Балдар ойгонот. Мен жайынча эле келдим дебедимби, –деп комиссар апамын жашын сүртүп, бир топко жоодурады. Анан экөө узака сүйлөштү. Комиссардын жылуу мамилесинен апамы катуу сүйүп калганына дагы бир жолу күбө болуп отурдум. Сааттын жебеси экиге жылганда комиссар портупеясын чечип үстөл үстүнө абайлай таштады. Апамы сыга кучактап эрдинен сорду. Алкымынан жыттады. Жалынды. Жалбарды. Эмне деген гана сонун сөздөрдү айтпады. Ошондо да апам байкуш үн катпай комиссардын кучагынан суурулуп, менин бөлмөмү көздөй жөнөгөндө тешиктен шыкаалап турган мен шордуу кийимчен төшөктүн ичине кире качтым. Апам оор улутуна карындашым экөөбүздүн маңдайыбыздан сүйүп, аркы бөлмөгө киргенде жарык жалп өчтү. Мен энесинен айрылган жетим козудай өңгүрөп, жаздыгымды ысык жашка буладым, анткени ушу саатта мен өтө алсыз элем. Таң атты. Апам экөөбүз бири–бирибизден тартынып кысылбай дегеле түнү эчтеме болуп өтпөгөндөй түр көрсөттүк. Ошо күндөн комиссар биз жаткандан кийин түн бир оокумда келип, таңга маал кетип жүрдү. Апам аз эле күндө өңүнөн азып кетти. Ушинтип жашоодон көрө өлгөнүбүз артык деп качып кетээр күнү капыстан кошуун дүрбөлөң түшүп, ордунан козголуп калды. Эшик шар ачылып комиссар Сернов бөлмөгө шашып кирди.

– Буйрук келди. Кошуун шашылыш жолго чыкканы турат. Кызыңызды Оля таежеге, Пашаны шаарга жөнөтүңүз. Антпесек замандын түрү опурталдуу, –деди чечкиндүү буюра сүйлөп. Апам менчи дегендей жалооруй карады.

– Сиз мени менен кетесиз. Жарадарларга жардам бересиз, –деди энчисиндей.

Биз таштай селейип каттык. Бир оокумда барып апам түйүнчөгүн белендеп күйпөлөктөп калды. Эмне үчүн ошондо апамы кетирбей алып калбадым экен, ушул кезге чейин түшүнбөйм. Чырылдап этегине асылсам алып калат белем. Анте албадым. Өзү да барбайт элем деп кылчактабай түйүнө бербедиби, бизди алмак–салмак жыттап.

– Силер үчүн баратам. Силер ушул алааматтан тирүү калып, адам болоор бекенсиңер деп кетип баратам. Силерден өзүм кабар алып турам. Паша, сен түшүнө турган болуп чоңоюп калдың, өзүңө этият бол, карындашыңа кайрымдуу бол. Мен силерге атаңардан калган алтын сөлкөбайларды бөлүп берейин. Мени кечиргиле, чүрпөлөрүм, –деп атаман калган алтын сөлкөбайлардын жарымын Оля таежеме, жарымын мага ыйгарды. Өзү эч нерсе албады. Анан комиссар кандай шашып кирсе, ошондой шаштырып, апамы так көтөрүп арабага отургузганда, артынан ботодой боздоп, жер тепкилеп кала бердик. Араба ызгып узап кеткенде, уюлгуп асманга көтөрүлгөн чаң ортобузда ойноп турду.

* * *

Көзүнө жаш алган абышка туруп кофе даярдап келди. Мен ыңгайсыз абалда кыйпычыктап отурдум. Бир чыныдан кофе ууртаган болдук.

– Кыйын болгон экен, –дедим мен зээним кейип.

– Ушундай болгон, –деди да кайгылуу үшкүрүп. Мен чындап абышкага боорум ооруду. Ал байкуш көзүнүн чылпагын сүртүп, аңгемесин улантты.

* * *

...Жайдын акыры шаарга баса бердим. Эки кабат тамдын сүлдөрү гана калыптыр. Шаар мен келгенде ары–бери чабагандаган аскерлерден будуң— чаң түшүп турган кези экен. Мага жертөлөдөн эптеп түнөк таап жашоого туура келди. Оля таежемдикинде жакшы болчу, бир сапар бир кызыл атчан буржуйдун тукуму деп штыкка аларда зорго кутулуп, орун которуштурууга туура келген. Шаарга баса берип өмүрүмдө көрбөгөндү көрдүм. Кара курсактын айынан кайыр сурадым. Ресторан, ашканаларга уурданып кирип, ар кимден арткан калдыкка тоюнуп алып жүрдүм. Бир жолу ашказаным кыжылдап, өзөгүм үзө тартып алсыз жылтыраган карегим тамактан өтүп кезерип турган убакта, ресторанга баш бактым. Эптеп швейцарды алаксытып ичкери жылт койсом дейм. Акыры кезерип отуруп, швейцар бирдемеге алаксый түшкөндө ичкериге чү койдум. Эми эле туруп кеткен адамдан калган сөөктү бурдай баштаганда, кимдир бирөө кулагымы толгой кармап, көчүккө тээп ийди.

– Ух, буржуйдун күчүгү десе! Буерде бышырып коюптурбу сага. Менден бирди көрө элегиңде тез куйругуңу түй да, көздөн кайым бол. Болбосо оңбой каласың, –деп түртүп ийгенде үзүл–кесил атамын кол алдында иштеген Гоша деген башкаруучуга окшоштурдум. Аласалып барып оңолгончо күү менен барып швейцардын чеңгээлине барып түштүм. Швейцар дагы атамын кол алдында иштеген өтүкчү болчу. Дароо алка–жакадан алды.

– А шайтандын шапалагы! Акыры жылт койгон экенсиң да. Атаңдын ачуусу муштумунда болчу. Меники да как ошоерде, ха,ха!

Бет талаштыра соккон муштумдан токтоно албай, дубалга чекем менен тийип эсим ооп жыгылдым. Эсиме келгенде чекеме улам муздак сүлгүнү алмаштырып, жанымда олтурган атамдын көпөс досунун баласы Саша Мухин деген өзүмүн курбуму тааныдым. Ал дагы менчилеп куурдактын жытын алыстан искеп, эшикти акмалап турганда жогорудагыдай окуяга туш келет. Сашанын пайда болушу менен мага канат бүткөнсүп, көңүлүм жайлана түштү. Көп жеп, кеңири жүрүп калган жаныбыз жокчулукка, суукка чыдабай кайыр сурадык, таштанды көөлөдүк. Экөөбүз тең кудай кошкон момундардан экенбиз, кычыраган кышта өлүп кала жаздап барып, араң аман чыктык. Бар тирлигибиз базарда өтөт. Уурдамай, жула качмай, оңтою келсе бирөөгө каралашмай, кыскасы, эмне тапсак баары — ортодо. Өлбөгөн жанга күн өтө берет экен. Кыйналганда Саша экөөбүз жакындарыбызды жоктоп сыздап жүрдүк.

* * *

1932-жылы кадыресе бой жетип, салабат күтүп калдык. Ушул жылы атам бизди Оля таежемкине таштап кеткен кышта суук тийип каза болгонун уктум. Апам менен комиссардын тагдыры андан дагы аянычтуу аяктаптыр. Деникинчилер кошунду айлакерлик менен черүүндөп турган жеринен камынтпай бирин койбой окко ширешиптир. Оля таежем кайсы бир урушта үйүнө от жармашып карындашым экөө тең күйүп кетишти. Үнөмдөгөн алтын сөлкөбайлар небак түгөнгөн. Жаш адамдын ичтейи ачылса жаман тура. Жегиң эле, ичкиң эле келип, эки көзүң тамакта болуп калат экен. Бирок жейин, ичейин десең колдо эчтеме жок. Саша экөөбүз кара курсактын айынан вокзалдарда жүк ташыдык, отун базасында көмүр түшүрдүк. Циркте айбанаттардын алдын тазалап, анча–мынча таш чоюн ойной калып жүрдүк. Ошондо дагы курсагыбыз тое тамак жебедик. Кайда барбайлык, кара күчүбүзгө таянып нан таап жүрдүк. Тынчы жок Саша досум бир күнү минтип калды:

– Паша, досум, көрүнгөн жерге тийип качып жүрүп тозуп кеттик. Курсагыбыз тойгон жерде жүрө бергенибиз болбостур. Андан көрө бир жерден туруктуу иштейли. Колубуздан ар кандай иш келет. Окуй да билебиз. Акыры биз дагы кимдир бирөөгө керек чыгарбыз.

Мени ой басты. Чынын айтсам бу жагдай тууралуу ойлонбопмун.

– Кайдан иштейли дейсиң?–деп мен маңыроо сурадым.

– Кайдан болмок эле, туура заводго киребиз. Көрүнгөн жерде жүрө берсек бизди бирөө баалайбы? Адам бир жерден көгөрөт дейт, туурабы?

– Мунуң туура дечи, бирок бизде документ дегенден таш балакет жок эмеспи.

– Эмне, башкалары документи болуп жыргап кетти дейсиңби. Эл тапкан акылды биз деле табабыз. Негизгиси иштей турган каалооң болсо болду, эптеп орношобуз. Жүр, андан көрө иш издейли,– деди ой— боюма койбой сүйрөп. Ошентип жумуш издей баштадык. Биз башбакбаган мекеме–ишкана калбады, бу шаарда. Акыры жадаганда бизди трактор чыгаруучу заводго ишке алышты. Үч жарым ай көрүнгөн жумушту аткарып жүрүп, жумушчу–дыйкан кошуунунун чечими менен үйрөнчүк болуп орноштук. Атыбыз эле үйрөнчүк болбосо, бир мөөнөткө алымсынбай, экинчи мөөнөткө да калып жүрдүк. Рабфакты бүтүп алдык. Дубал гезит чыгардык. Ийримге катыштык. Кыскасы, заводго баш–отубуз менен кирип кеттик. Жатаканадан орун беришти. Жашоо көңүлдүү өтүп жатты. Жылдар тогошту. Биз дайыма алдыңкы жумушчулар тобунда болдук. Комсомолго кабыл алышты. Анан пролетариаттын алдыңкы өкүлү катары партияга өтүүнү сунуш кылышты. Анткени, дал ушул убакта партиялык тазалоо жүрүп жаткан. Биз ошолордун катарын толуктадык. Партияга өткөндөн жоопкерчилигибиз эки эсе өстү. Эми биз жеке завод үчүн гана эмес,партия, анын чечимдерин аткаруу максатында белсенип иштей баштадык.

Ошо уубуз жүрүп турган 1937–жылы жыйырмага толуп, досум Сашанын кыстоосу менен бизге тааныш цехтин балдарын жатаканага үлпөткө чакырдым. Мухин үч ай мурун НКВДнын “өзгөчө кызмат тобуна” кабыл алынган. Сашанын алып келген үч литр спиртине алагүү болуп отурганбыз. Аңгыча сөздөн сөз чыгып отуруп, бирөө мындан көп айлар мурун кабарсыз жоголгон заводдун директору, инженери тууралуу кеп козгоп койду. Экинчиси улады.

– Билсеңер, алар баары эл душманы болуп чыкты. Мамлекетибизди алмага түшкөн курттай ичтен жеп, Совет өкмөтүнө орду толгус зыян кылгандар ошолор экен, –мурду балтадай фрезировщик Рома деген ооздугун кое берди.

– Котур ташын койнуна каткандар Совет бийлигин кулатып, сүйүктүү жол башчыбыз жолдош Сталинди өлтүрмөкчү болушуптур. –Игорь сөзгө кыпчылды.

– Минтип отурсак кайда барар экенбиз, –дедим мен да кейигендей.

– Кайда бармак элең, көргө барасың да! –Мухин ачуулана үстөлдү дүңк муштады. –Арабызда жат элементтердин пайда болушу менен ишиңер жок! Силерге ичимдик болсо эле болду, ааламды сел алса дагы билбей жыргап каласыңар. Өлкөнү эл душмандары муунтуп жатканын туйбай, кыраакылыгын жоготуп койгон силерге окшогон партиянын мүчөлөрүнө жол болсун! Көзүңөрдү май баскан экен, май баштар!

Саша отургандарды жалаңкычтай кыдырата караганда соолуга түштүк.

– Мунун акылдуулугун тимеле...баятан тымпыйып отурган Миша капаска түшкөн чычкандай чыйпылдады. –Биз жат элемент экенбиз да. Май баш дегенин кантесиң. Кайдан келдим эле биякка...

Миша туруп жөнөмөкчү болгондо Саша желкесинен аткый, кайра отургузду. Ашыкча дөөдүрөп ийгенин өзү дагы мойнуна алгандай:

– Мишка, олтур дейм, кайда барасың? Тамаша айтса түшүнбөйсүңбү? Келгиле, андан көрө интернационалды ырдайлы, –деп какая калганда үрпөйгөн жаныбыз дуу үркүп, Мухинге кошулуп ырдай баштадык.

* * *

Май айында мени партиянын райондук комитетине чакырышты. Учуп бардым. Райкомдун катчысы аял киши эле, мени жылуу кабыл алды.

– Олтуруңуз, чегесизби? Мынаңыз...–тамеки сунуп, оттук чакты.

– Ырахмат, чекпейт элем, –кысыла жооп узаттым.

– Мунуңуз алкоого аларлык көрүнүш. Заводдо иштегениңизге көп болдубу?

– Быйыл төрт жылдын жүзү толот.

– Ата–энеңиз кайда турушат?

– Атамы 1919-жылы актар асып кетишкен. Апам дагы ошондой тагдырга туш болду. Бейиши болгурлар жакшы кишилер эле...дедим –көзүм каканактап.

– Кечиресиз, мен билген эмесмин. Жашооңуз кандай?–деди сыпайы күлмүңдөп.

– Ырахмат, жаман эмес. Эл катары жашап жатабыз.

– Радио угуп, гезит–журнал окуйсузбу?

– Албетте окуйм. Күндөлүк жаңылыктар менен таанышып турбаса болобу.

– Партиянын катарын тазалоо, эл душмандары боюнча партиянын, жолдош Сталиндин саясатына көз карашыңыз кандай?

– Эң жакшы! Жашообузга кедергисин тийгизип жаткандардын жазасы эле – өлүм. Пландарымы партиянын чечимдерине шыктанып дайым ашык аткарып келем жана анын тапшырмасын жан–дилимден аткара бермекчимин,–дедим шашып.

– Бул эң сонун. Сиз такшалган большевик турбайсызбы, жүрөгүңүз күйүп турган. Сизди өзгөчө жоопкерчиликти талап кыла турган топко жөнөтсөк кандай дейсиз?

– Тозокко айдаса да жолдош Сталиндин ак иши үчүн жаным курман.

Мухинден сабак алып калбадым беле, шыр ойлонбостон жооп бердим. Кыязы, сыноодон илинбей өттүм окшойт, катчы аял маанилүү кабар айтчудай көзү жайнай түштү. Кагаздарга кол коюп мындай деди.

– Анделе сиз НКВДнын карамагында иштөөгө атайы жолдомо берилди деп эсептей берсеңиз болот. Завод дагы жакшы жолдомо бериптир. Куттуктайм!– колун сунду.

Мен жым дей түштүм. Саша Мухин менен иштесең эч күйбөйсүң, анан калса жакын досум менен бирге иштегени жатпайымбы. Катчы аялдын назик колдорун чор баскан шадылуу колдор кыса кармады.

– Сиздерге окшогон иштерман жаш коммунисттер өлкөгө момундай керек болуп турганда өзүңүздү көрсөтүңүз. Жолдош Сталиндин, өзүңүз мүчө болгон коммунисттик партиянын ишенимин актоо үчүн эч кандай кыйынчылыктардан коркпой, жан аябай кызмат өтөңүз! Кызматка эртең эле киришиңиз. Мобу жолдомону көрсөтсөңүз, сизди токтоосуз кабыл алат. НКВД кайда тураарын билесиз да. Эмесе, ак жол сизге! – Жана кол алыштык.

Дегеле ушул кезге чейин коммунисттик партиянын, анын саясатын жүргүзгөндөрдүн ишеничин актап, алардын буйругун аткаруудан эч бир аянбадым. “Өзгөчө кызмат тобундагы” милдетим – атууга өкүм кылынгандардын жазасын аткаруу экендигин билгенде өмүрүмдө бирөөгө тик карабаган жаным, аябай коркуп кеткем. Бирок партиянын тапшырмасы ушул болгон соң, тагдырдын буйругуна көнбөскө арга жок болчу.

* * *

Менде бирөөгө ачылып сүйлөбөгөн, баштаган ишти майына чыгара иштемейин жаным тынбаган өжөр мүнөзүм бар. Тамакты бир ичкенде тое ичип албасам, бирдемем унут калгансып кыйпычыктай берчүмүн. Аял затына үйрүлүп түшпөгөм. Чылым чегип, ичкиликке кызыкпагам. Качан гана “өзгөчө кызмат тобуна” келгенден буркуратып чылым тарттым, чакалап ичимдик ичтим, аял заты колубузда көпөлөк болуп учуп, конуп жүрдү. Күндөлүк паегубузга: эт, май, кант, нан, күрүч, балык алчубуз, бул кеңири жетчү. Ал эми бочкадагы спиртке бутуңу жуусаң да түгөнчүдөй эмес. Башында “өзгөчө кызмат тобундагы” өкүмдү аткарган беш адам болсо кийин жыйырма бешке, көр казгандар жыйырмадан жетимишке чейин көбөйүштү. Мурда топ деп аталса, төрт ай айланбай командага өсүп кетти. Күндө кырк–элүү адам атылат. Кудай алдында күнөкөр болбоюн, мен эч качан момунча аттым деп санабагам, бирок темирдей бек нервди талап кылган кызматтын эртеси колумун каруусу качып, маузерди көтөрө албай калган учурларда түрмөнүн башкы дарыгери Никита төрө астейдил колуму укалап, кирдеген көңүлүмү жазууну өзүнүн милдети деп сезчү.

“Паша, –дечү ал мага жакынындай кам көрүп, –саар–кеч таза абада чуркап коюп жүр, болбосо ден соолугуңу бүлдүрүп аласың. Үйлөнүп алсаң андан жакшы болмок, алаксып. Кебетең зоңкойгону менен колуңдун каруусу бат талыганы кызык. Сени адам каны мойнуңан басып жүрөт. Өкүм аткарчу кишимин, союздагы номур биринчи кызыл желдетмин деп көкүрөгүңү кага бербей, атууга барардан алдын кудайды оозанып коюп жүр. Анткени, кудайдын алдында күнөө кылып койдум деп кейингениң, күнөөңдүн жарымы кечирилгени, билсең. Сен бетпак чокунганды дагы билбейсиң чагымда”,–деп карс–карс күлүп урушуп калчу. Никита өз билгенин бербеген, алтымыштагы чүкөдөй адам болгондуктан төрө деп сыйлап койчубуз. Убадага бек, сакал–мурутун таптаза кырып, тыкан жүргөн пакиза киши эле. Николай заманын жанындай жактоочу. Анын оош–кыйыш кебине терикчү эмеспиз, тескерисинче, ал киши менен сүйлөшүүнү тымызын каалап турчубуз.

– Никита төрө, коюңузчу кайдагы кепти баштап. Адам каны мойнуңдан баса берсе Совет жыргалын алып келгендерди небак басмак, себеби бийлик үчүн күрөштө миңдеген адамдардын канын суудай агызып, ушундай турмушту ойлоп табышпады беле. Же калппы?

Никита төрө саксына күбүрөп, кейинип калчу.

– Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы бир көргөн түштөй өттү, кетти. Кандай сонун кишилер жок болду. Канчасы кодуланып чет жерлерде азып–тозуп жүрөт. Россиянын чыныгы кожоюндары ошолор болчу, –кийине бериңиз. Биз кудаанын алдында баары бир күнөөбүз чоң. Болгондо да аттын башындай. Ошон үчүн баспай койбойт. Акыры басат. Басканда дагы жаман басат, билбей каласың. Ошондо Совет өлкөсү тыптыйпыл болуп бөлүнүп–жарылып, элдердин ынтымагы кетет. Өз ич ара кан төгүшүп, биринен бири өөдөсүнгөн жаңы турмушка көнө түшүүсү кыйынга тураар.

– Эх Никита төрө, кудум олуя адамдай түш жоруйсуз да. Акыры тилиңиз түбүңүзгө жетет го дейм.

– Өсөөрүм калган жок, өлөөрүм калды. Коркуп кайда барам. Коркокко миң өлүм, эр жигитке бир өлүм. Менин сөөгүм сиздин колуңуздан 37 камерадан чыкса арманым жок. Жакшы адамдар ошоерден өлөт. Мен бир октук эмесмин, миң октукмун.

Сырдуу жылмайган Никита төрө тайманбай теше тиктейт. Анын кызыл тыңчы же ак сөөк дооранды күсөгөн буржуй экенин түшүнө албай башым маң.

– Алда кокуй оой, дагы эмненин башын кылтыйтып жатасыз. Сизге түшүнүш кыйын, –деп жылжып бөлмөдөн кетүүгө ашыгам. Сүйлөгөн кебине кулак төшөсөң Никита төрө революция болбосо өзүн келечектеги Россиянын тагдырын тутамдаган төрөлөрдөнбү деп, ойлоп кетесиң. Угушумча, Никита төрө коңшу шаарда баш дарыгер болуп турган учурда ооруп өлгөн ээсиз калгандарды жерге бербей өзүнүн фермасындагы бордоку аңги чочколорго таштаткан дешет. Куркулдаган аңги чочколор жөн турушабы, өлүктү ары түртүп, бери түртүп, жумшак жеринен аткый тиштеп отурушуп, көз ачып жумганча мүлжүп коюшчу дешет. Дегеле ал эмес, “өзгөчө кызмат тобунун” берендери, тергөөчүлөр, Гулаг аттуу кубаттуу машинаны ойлоп тапкандар –мурда кедей кембагалды адам санына кошпогон ак сөөктөрдүн тукумунан болсо керек деп ойлоп кетчүмүн. Анткени, түрмөгө үргүлжү алдыңкы прогрессивдүү ойлорго ээ, эл турмушун жакшыртабыз деген элдин ак ниет өкүлдөрү түшчү. Ошондо келме кезек өчүн албай, кой терисин жамынган ач желдеттер жөн турушабы. Партиянын тапшырмасы дегендей жарлыкка таянып, алар атпаган, алар кемсинтпеген, алар талап–тонобогон пенде калбай барат. Тирүү пендени котлет кылып коюудан кайра тартпаган жулкунбай, кошоматчы желдеттер бар, партия жаса десе, көз ирмебей жасап койгон. Эң коркунучтуусу алардын жүрөгүндө калган кара так, өч алуу кеги али сууй электигинде болуп жатпайбы. Ошондой болсо да буйрукту бири билип, бири билбей, жогорку тепкичтеги төрөлөрдүн көрсөтмөсүн кыңк этпей аткарып келдик.

Биринчи аткан адамым Саша Дуровдун соңунан канчасы колуман ажал тапты. Күн сайын 37 бөлмөдөн адам өлүгүн боо– боо кылып таңып кетишчү болгон. Полковник Зимолин айткандай, бир аптада көнө түштүм. Ай айланбай өз бала болдум. Күз таяп, адамды чымын өлтүргөндөй сулаткан төрт тарабым келишкен союздун номур биринчи мерез желдетине айландым. Ысык жан эмеспизби, кээде шашылыш бир жака жөнөп каласың, же сыртта досторуң күтүп жаткан болот. Ошондо кудай күбө. Ичиңден: “Зимолин бачым кол кое салса экен” деп кудайдан тилеген күндөр өткөн экен, азыр ойлосом. Кол коюлган өкүм кагазды түрмөнүн башкы күзөтчүсү, майор Лободонун колунан көрүп, кадимкидей сүйүнүп кетчүбүз. Ошо саатта ичибизди өрттөгөн спирт камераны көздөй жетелеп жөнөйт тура. Тарбайган чеңгээлиңде ойноктогон ажал бүркчү куралың алдына келген олжосун тарс–тарс сулатып ишин бүтүрөт да, тойтоңдогон буттарың сыртка сүйрөп жөнөчү. Себеби, сыртта суйкайган чырайлуу кыз–келиндер күтүп жатпайбы. Ачуу–таттууга, жаман–жакшыга, кайгы–кубанычка, коркунуч–сүйүнүчкө көнө түшкөнүң ушу эмеспи. Бу жыргал доорго дагы жаны бекем Саша үйрөтүп кетпедиби. Маанилүү кабар айтаарда же жүрөнөктүгү кармап калса ырсайып келип калчу. Ошондуктан көп нерселер үчүн мен Сашага карыздармын. Ушу сапар да ылжайып күлүп турду.

– Достум, Паша, укчу садагасы. Заманаң бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол дейт эмеспи. Чынбы? Чын! Өзүң билесиң, кызмат оор, бирок оор экен деп кызматты таштап коюш жарабайт. Ооз ачууга да акыбыз жок. Демек, мындан ары да кызматты жакшы маанайда аткаруу үчүн нервди эс алдыруу керекпи? Керек. Убакыт таап, жыргап алуу өзүбүздөн, туурабы? Туура. Эмесе тээтиги сулуу, жаш келинди көрдүңбү? Ошол келин эки айдан бери түрмөнү айланчыктап кеталбай жүрөт. Ошо келинге сөз айтпайсыңбы. Мен жаш аялмет, сен бойдок дегендей...

– Ал өзү ким деген неме экен?–Аңкоо суроо таштадым.

– Ким болмок эле, эки көзү, эки кулагы, анан магдыраткан жакшынакай жери бар аял. Аял экенин көрбөй турасыңбы? Кызык, мен сени бел суутуп алсын десем, кайра балача аңкоолоносуң. –Териге кетти окшойт, чычалай түштү.

– Мен, ал келин кимге келиптир деп сурап жатам, –дедим аңкоолугуму жаап.

– Кимге келмек эле, атасына келиптир. Профессор Виноградов дегендин кичүү кызы болом дейт. Күйөөсү аскер адамы экен.

– Кайсы, профессор? Кайсы, Виноградов? Мен аны билемби?–чындап делдейдим.

– Ээ, келесоо чалыш көрүнгөн акмак десе! Сени асып койсо дагы аздык кылат.

Мухиндин бетине кан ойноду.

– Өгүнү өзүң айтпадың беле, башы калтылдаган узун чач профессорду тырайта аттым деп! Эми бателе эсиңен чыгып кетеби, же чындап эле келесоосуңбу?!

– Түү, эсиме жара чыккыр десе!–Профессордун калтаңдаган башы көз алдыма тартылганда денем үркүп, тырмагымын учуна дейре чымырады. Бир алдын Сашадан уялганымдан жошодой кызардым. –Таптакыр эсимен көтөрүлүп кеткенин карабайсыңбы. Саша, а бирок ал профессордун сөөгү качан эле сөпөт болбоду беле. Эмне деп айтабыз.

– Ии, кеңкелес десе. Ошон үчүн айтып жатпайымбы. Биздин эмнебиз короп атыптыр. Чындыкты айтсак бөөдө өзүбүздүн башыбыз кетет. Ошондуктан айтпайбыз. Келиндин көңүлүн алып, көпчүлүк катары ойноп коебуз. Же бизге жарашпайбы. Ыраактан уурдана сугумду артып, сулуу келинди үзүлө карап туруп болот, же болбойт деп кесе жооп бере албадым. Бирок келиндин апакай алкымын аймалап жаткандай тулку боюму кандайдыр жагымдуу сезим аралап өттү. Бүйрүм кызып, аягы кандай бүтөөр экен дегенчелик кылып сүзүлө баш ийкедим.

– Мына, бу башка кеп. Пашенька келинди ойлоп мазеңди качырба. Аны мага кой. Кыйладан бери бура бастырбай акидей асылып жүрөт, өзүм жайгарам ишиңи. Эртең жекшемби эмеспи, жакшылап эркелетип кой. Атаңа жардам берем десең, ал деле жок дебестир.

– Саша, а келин мага ынабай койсочу,— дедим үнүм өзүмө араң угулуп. Бирдекиде аялга мамиле түзбөсөң эркектигиңди дагы унутуп, өзүңө ишенбей калат экенсиң.

– Паша, сени эркек дейт. Ынат. Эркек эмесмин десең айт...Аа–а, кургурум, сен эмне аялдар менен боло элексиңби. Бала эле бойдонмун дебейсиңби. Башты оорутпай баятан айтпайсыңбы, ушундай эле, –деп Саша шылдыңдаган болду.

Кызарып–татарып үстөлдү тегерене баскан мени сындан өткөрүп жаткандай кытмыр жылмайды.

– Досум, мени бутунан кармап бер дегенден алыссыңбы деги, хи,хи!

Чыйт түкүрүп, басып кетээрде шап билектен алды.

– Токтой тур, досум. Сага эмне болду? Мен сага түшүнбөй атам. Сага эмне, келинди эркелетип коюш адам аткандан дагы кыйын бекен? Балалыгыңдын алгачкы абийирин бөтөгөй келинге алдырсаң жаманбы. Ойлонсоңчу! Мындай сонун жыргалды көрүнгөн эле сунуш кыла бербейт.

– Барчы ары, –деп колуму силкип, бурулганча кайра бучкактады.

– Катуу кетсем кечирип кой, бирок ишти баштаган соң аягына чыгарбасак болбойт го. Билем, бу сенин мүнөзүңө шайкеш келбейт. Келинден кам санаба, ынатып берем. Камына бер. Кечинде саат жетиде театрдын алдына кел. Келбей койбо, –деп басып кетти.

* * *

Эх, Сашенька, Сашенька! Кандай мыкты жолдош эле. Мынабу кашымдын үстүндөгү ак тырыкты айыктырган ошо эмес беле, чиркин! Ысык–суукка бирге тоңуп, данекти бөлүп жешкен достордон элек. Барбай койсом өмүр бою таарынар, кой барайын дедим. Барайын десем өзүмчө эле бейтааныш келинден тартынам. Эртеби, кечби бирөө себеп болуш керек го дедим, акыры биротоло бармак болуп. Саша бүйрүмдү кызытып кетиптир. Жумуштан эптеп бошонуп, театрды көздөй сыздым. Же убакыт өтсө не. Ары–бери өткөн аялдарды уурдана карайм. Аларга сугум артылат. Алдыдагы жолугушууда келинди канааттандыра аламбы, же жокпу деп ичим ойдолоп, баш чириди. Чиеленген түмөн ойду жеңе албай жатып убакыт кандай өткөнүн билбей калыпмын. Болжогон жерге Саша өз маалында келди. Москвичтин арткы отургучунда күн бою маземи куруткан келин отуруптур суйкайып. Тааныштырды. Жанына көчүк бастым. “Москвич” дачаны көздөй зымырады. Бала болуп башыма түк чыкканы аял затына жакын отурушум ушул. Келин жакындан мен элестеткенден дагы сулуу көрүндү. Эрди жетилген бүлдүркөндөй бүлкүлдөп, көздөрү жанып турду. Келин демине, аял жытына мас болуп бараттым.

Дачага келдик. Саша карбаластап бизди тейлеп жүрөт. Торт жеп, чай ичип атабыз. Момпосуй, ак–кызыл винолордон үстөл үстү додо. Таттуу сөздөр сүйлөнүп, каалоолор айтылды. Ичкиликтен денебиз кызып, көңүлүбүз жибиди. Келин эмнегедир менден кысылып, бирдеме сурай албай түйшөлүп отурганын байкаган сайын чымырайм. Вино тамылжытып бетин боеду. Суйкая басып жаныма отурганда, кандайдыр бир назик сезим от болуп жанып турган делебемди аралап өттү. Мен дагы келинге ыктай эсим кетип эңгиреп отурдум. Бир убакта кирпиктери төгүлүп, кызарган чоктой кыпкызыл эриндери бүлкүлдөп калды.

– Сиз атамы көрдүңүзбү? Аны менен сүйлөшүүгө болобу? –деди муңайым . Мен баш ийкеген болдум. Саша гитарасын боздотуп алаксыган болот.

– Пашенька, айтсаңыз түрмө суукпу? Карыган адамга суук бат тиет дейт. Атам оорубай–сыркабай эле жүрөбү? –Келин ырайымын төгүп, сурай берди. Анан калса, ичкилик баарыбыздын тең бүйүрүбүздү кызытып, келиндин эмне десең да макул болчудай жалынып–жалбарып, ушулардын атама ырайымы тийер бекен деген түрүнөн, алды–артыма үйрүлө түшүп жасаган жылуу мамилесинен кумар отум ойгонуп, делебем козголду. Келинди эритиштин, макулдатыштын көйүндө эркек эмесминби, жакшы сөз айтып, ышкымы орундоо максатында өлгөн атасын тирилтип келчүдөй шайланып калдым. Бир жагынан Саша түрткүлөп, жанымы койбой турду.

– Катенька атаңыз сак–саламат эле жүрөт. Башыңызга шөкүлө кийип албайсызбы, кулагыңыз үшүбөйбү десем, “Эмнеге үшүсүн мырза жигит, узун чачтарым кулагымы жаап турса” –деп кайра мага тамашалап коет.

– Чын эле ошенттиби?! Оо, жараткан, кудай бар экен ээ! Дагы эмне деди?–келин назик колдору менен бетимен сылады. –Айтсаңыз Пашенька, дагы эмне деп кобураштыңар. Атамын үнүн сагындым. Бияка алып жөнөөрдө: “Ата, эми узун чачтарыңызды алып коет ” десем, “Катенька, чачымы Николай падышанын министрлери алдыра алган эмес, эми да алдыра койбостурмун. Уруксат бербеймин. Чачым өзүм менен кошо көргө кетет” деп күлдүргөн эле. Катя терең улутунду.

Профессордун узун чачы кызына мынчалык таасир этээрин кайдан билдим. Бирок тамаша кылып айткан сөзүм так жүрөккө тийиптир. Саша азаматсың дегендей көзүн кысып, баш бармагын какайтканда өзүмчө корстон боло түштүм. Келин менен ачылышып алганыма жымыңдап отурдум.

– Атама бирдеме киргизсе болор бекен?–деп калды капыстан.

– Жылуу кийим–кечек, тамак–аш киргизсеңиз болот. Муну бир гана Паша мыкты орундай алат, –деди Саша ортого кыпчылып.

– Ооба, ооба өзүм ошон үчүн келбедимби. Атамын дайын отун билбей өкүттө кетемби дедим эле. Жок. Кудай үнүмдү угуптур, силерге кез кылды. Ушунусуна шүгүр, мен азыр...аа..а...

Катя аа дегиче Саша көтөрүп кирген чакан чемодандан жылуу байпак, свитер, сүлгү, атыр–самын, ич кийим, чочконун сүр эти жана ушуга окшогон буюмдарды үстөл үстүнө тизе баштады. Досумун аракети күч, көз көрүнө жымыңдайт.

– Катенька, бизди эмне, боору жок таш боор деп ойлойсуз го. Жаңыласыз. Биз деле сизге окшогон ысык жанбыз. Кааласаңыз Павел Степанович эртең эле профессор мырзага кийирип берет. Ушундайбы Павел Степанович?!

– Албетте, Катеньканын өтүнүчүн аткарбасам шермендем чыпайбы,–дедим буюм–тайымды жыйыштырып, баштыгына салып жаткан Сашага кызыга карап.

– Балдар, эмесе, мен жылайын. Силер беймараал көңүл ача бергиле. Катенька, мына көрдүңүзбү, сиз жөнү жок эле бушайман болдуңуз эле, бардыгы ойдогудай болуп атат. Эми атаңыздан камтама болбой үйүңүзгө кайта берсеңиз болот. Анткени, ал ишенимдүү кишинин колунда. Кана эмесе, коштошолу, –деп колун жайып калды. Кол алыштык. Саша чыгып кеткенде дачада сүзүшүп келин экөөбүз гана калдык. Тунжураган тынчтыкты бузуп, чечкиндүү аракетке өттүм. Келиндин көңүлүн бирдеме деп алаксытпасам кетип калчудай...

– Катенька, көңүлүңүз чөгүп кетти окшойт. Мага кудайыңызга ишенгендей эле ишенип коюңуз. Мен атаңыз үчүн колуман келгендин баарын жасайм, –дедим саамайынан сылап.

– Ылайым ошенте көрүңүз, бай болгур. Атам үчүн тозок отуна да түшүүгө даярмын. Пашенька, алтыным ошенте көрүңүз, –деди келин жалын чачып.

“Ох, жаным! ” мага ушул эле сөз жетишпей жаткандай денем чатырап, гүл жыттанган сулуу келиндин бети–башынан, татынакай ичке колдорунан, апакай алкымынан жыттап, коргошундай эрий бердим. Ач аарыдай жабышып, кыпкызыл эрдинен бүлк–бүлк соргон сайын кучагымда туйлаган келин: “Ылайым ошенте көрүңүз. Оо, кудайым ай, макоо пендеңи кечире көр”–деп күбүрөй берди. Менин ышкым козуп, гимнастеркамы чечип ыргыттым. Маузерди кабы менен үстөлгө таштаганда бир убакта апам менен болгон окуя көз алдыма тартылды. Баданим муздак суу сепкендей сууй түштү. Жакының үчүн кандай гана жолго барбайсың. Этим жыйрылып шалдырай түшсөм, элеп–желеп болуп өрөпкүп калган келин мени ойлонто койбой өпкүлөп кирди. Жарык өчтү. Шамдын бүлбүл жарыгы мен соо жерин койбой сүйүп, өпкүлөгөн келиндин апакай назик денесин алсыз чагылтып турду.

* * *

Аялдын демиби, эртеси Катяны поэздге салып ичимен кыңылдап обон созуп келатсам, кайдадыр шашып бараткан узун бойлуу киши көзүмө жылуу учурай түштү. Кайдан көрдүм эле деп эстесем, ошол заматта көргөн көзүмө ишенбей оозуму ачып калыпмын. Жанымда өлдү деген Сашанын атасы, атамын досу баратат. Не кылар айламды таппай дабдырай түшсөм керек, мени бир жалт карап өтө берди. Эс–учуму жыйнап, артынан кууп жеткенче, таанышым элге сиңип кетти. Артынан издеп убара чекпедим. Келип Сашага “Темир жол бекетинен атаңы көрдүм десем”, ал унчукпайт. Үшкүрүнөт. Бир топтон кийин: “Паша ичибизде эле калсынчы. Эч кимге зыяны жок, жүрө берсинчи, бечара. Андан бирөө байып кетпейт”–деди жалынгандай телмирип. Анын сөзүн эп көрдүм. “Жүрө берсин”, –дедим ичимден. Кыйын адамдар көп экен. Сашаны беш манжамдай билем десем чоң жаңылышыпмын. Бу дагы тагдырдын чоң табышмагы. Атасын көп жылдар бою жашырып, тымызын жолугушуп жүргөн Саша да эр экен. Мен дагы жакындарымы эстеп, каңырыгым түтөдү. Апамы, карындашымы, Оля таежеми акыркы ирет көргөн кыштакты көргүм келди. “Саша кыштакка барып келбейлиби”–дедим көптөн бери баргым келип жүргөндөй. Саша шыр эле макул болду. Үч саатка уруксат алып, “Москвич” менен жөнөп кеттик. Келсек, кыштак ээн. Көп элдин бири жок, болгону ар кайсы көчөдөн бирин–экин чал–кемпир калыптыр. Үйлөр каршы–терши мыкталган.

– Эл кайда кеткен? Же талаада жүрүшөбү?, –деп мен көзү чылпактаган чалдан сурадым.

– Эркектерди чүмбөттөлгөн кара машине алып кеткен. Кийин аялдарды алып кетти. Бирок кайда, эмнеге алып кетти, аныгын билбей калдык, –деди калчылдап. Оля таежемин короосунун ордуна бала бакча түшкөн экен, бирөө жарымынан билейинчи деп каалгасына жакындасам, тилекке каршы, мыкталган каалганы желе басып калыптыр. Ошондо барып түшүнбөдүмбү. Эл душманы деп бүт айылды кырат деп түк ойлобогом. Ээн кыштакты чаңдатып, зээнибиз кейип кайттык.

Кызык түрмөгө келгенде башталды. Күзөтчүлөр дүрбөлөң түшүп, өздүк курам толук көтөрүлүптүр. Менин командамдан Байко дегендин чачы заматта агарыптыр. Үч уктаса түшүнө кирбегендей болуп жинди болуп кетиптир да, өзүн өзү асып коюптур. Табак–кашыгын калдыратып, ызы–чуу түшкөндөрдү тынчтандыра албай жаткан чакта кимдир бирөөлөрдү тез арада атуу керек болду. Мен ойлогондой, түрмө башчысынын көрсөтмөсүн алдык. Камерага эки–үчөөнү кошоктоп киргизишкен экен, өкүрүп–бакырып жер тепкилеп жатышты. Таң калдым. Иштегенден дегеле мындай окуяны көрбөгөм, же балким маани бербеген чыгармын. Жиним кайнады.

– Бирөөсүн калтырып, башкасын алып кеткиле, –дедим чаңырып.

Күзөтчүлөр бирөөсүн калтырып, калганын буту–колун толгоп алып кеткенде, жалгыз калгандын көзү алаңдай түштү.

– Эмне, силерге жалдырама тийгенби, кармагыла, –деп бакырдым маузердин бүчүлүгүнө асылып. Көрсөтмөнү эле күтүп турушканбы, көр казгандар командасынан олчойгон эки кызматкер алаңдаган байкушту колун толгоп, бурчка такаганда “Жашасын, жолдош Сталин!”–деп тамагы айрылганча кыйкырды. Дал ушу убакта ажал апкелчүмү көк желкесине суна бердим. “Тарс” эткенде адамды кулата койбой сүйрөп кетишти. Анан экинчиси... үчүнчүсү...онунчусу.. жыйырманчысы.. сүйрөлүп кетти. Түн бир оокумга дейре “Жашасын, жолдош Сталин! дегендердин жыйырма чактысынын оозун жап кылдым. Ырп этээрге ал келбей калганда жатаканага сүйрөлүп жөнөдүм.

Ошо күндүн акыбетиби, ноябрь майрамына караштуу жогортон генерал баштаган топ келип, майрам менен куттукташып, ак кызмат өтөп жаткандыгыбыз үчүн алкыш жарыялады. Генерал мени өз командама начальник кылып дайындап, “Марусия” деп аталган НКВДнын кара “Москвичин ” бекитип берди.

* * *

Чарчоо дегенди билбей канча сааттан бери божурап жаткан абышкага таң калдым. Же корунуп, же үркүп койсо эмне менден. Бейкүнөө жөргөлөп бараткан коңузду күтүүсүздөн былчыйта басып алсаң боор этиң канча жыйрылат. А бу киши болсо адам деген пендени күнүнө ондон , жыйырмадан жайлоочумун деп камырабай чылым түтөтүп, кофе ууртап, кызык аңгеме кылып айтып отурушу чынында таң кала турган көрүнүш. Балким, түрү суук заманга ушундай кызмат, тигиндей киши керек болгон чыгаар. Адам деген башка түшсө жаман–жакшыга тез үйүр алып, мыкаачылыкка дагы көнө түшөт окшобойбу. Абышка өзү айтып атпайбы, көнө түшкөнү ошо да. Сукбатташым менин терең ойго чөмүлүп кеткеними көз жаздымынан өткөрбөй:

– Ооба, учур ошондой болгон. Замандын талабын аткарбай коюш эч кимдин колунан келбейт. Келбейт десең, сени келтирет. Бу жашоонун мыйзам чени. Эл Сталинди сүйбөдү дейсиңби? Сүйгөн! Сүйгөндө дагы абдан катуу сүйгөн! Болбосо жаны чыгып баратып: “Жашасын, жолдош Сталин!”–деп кыйкырмак эмес. Эл Сталинге ишенген, анын жүргүзгөн саясатына берилген. Коош, анан! Сталин өлкөдө болуп жаткан бейкүнөө атуулдарды билди дейсиң! Жок. Үч жолу жок, жок, жок! Аны акылы кем, чолок саясатчылар уюштурушкан. Жолдош Сталиндин жеке колунан мындай мыкаачылык келбейт болчу. Ал кошоматчы атка минерлердин алдында алсыз эле. Муну эл сезип, билип эле турду. Ошон үчүн андан кыйын кезеңде дагы эл Сталинди бел тутуп, ишенип келди. Ал эл алдындагы вазийпасын эң сонун аткарды. Ал болбосо ким билет, азыр кимдин арыгын чаап жүрөт элек. Репрессияны ойлоп тапкан Сталин да, элдин башына оор мүшкүл түшүп турган кыйын кезеңде ар улуттун ынтымагын бириктирип турган Сталин четке чыга береби?!

– Сиз Сталинге абдан ишенгенсиз го!

– Ооба, абдан ишенгем. Ишенгенде дагы абдан катуу ишенгем. Азыр дагы ишенем. Мен эле эмес көптөрү ишенет.

– Албетте, мен сиздин Сталинге болгон ишенимиңизди четке кага албайм деңизчи. Ага укугум дагы жок. Сталин – чоң инсан. Аны азыр да сыйлашат жана сыйлай да бермекчи. Менин азыр сизге бере турган суроом таптакыр башка.

Абышка бере бериңиз дегендей, көңүл буруп калды. Мен чындап эле ой чыгданын башкага бургум келип, мындай дедим:

– Жана сиз туура айттыңыз, баарыбыз пенде болгондон кийин ысык жанбыз. Ысык жан болгондон кийин бирөө жер айдап, экинчиси тетик жасап нан табат экен. А сиздин кызмат...
– Нанды ар ким ар кандай табат. Кудаа буюрганын алат. Бу илгертен мыйзам жолунда келаткан салт, билсеңиз. Жер үстүндө ысык пенде жашаган канча заман өтсө жана өтүп жаткан болсо, ошончо мезгилге чейин бу кызматты эч ким танбайт. Ал –тирүү жан жер үстүнөн таптакыр жок болмоюн жашай берет жана жашай бермекчи. Иш өткөндөн кийин эмнеге теригем. Өттү, кетти, –деди оозуман кебими жула качып.

– Павел Степанович, орой кетсем кечирип коюңуз. Мен башкача түшүндүрө албай ...–деп булдуруктадым, намысына тийип балээсине калбайын деген тейде актангандай сумсайып. Павел Степанович акылдуу жан эмеспи, мени түшүндү.

– Өткөн ишке өкүнбө деген сөз бар элибизде. Эмнесине кечирим сурайсыз. Баары туура, –деди кутусунан тамеки сууруп чыгып, туура тиштей. Мен абышка аңгемесин кызык жерине келгенде токтотуп тура качпасын деген ойдо:

– Павел Степанович, биринчи мертебе ишке чыгып, эмнени аткарганыңызды көп эстейт чыгарсыз. Ошондон кеп уруп бербейсизби, –дедим чебелектеп.

– Аның туура. Анда менин бое кезим эмес беле. Көп эстедим. Ошол окуя, кийинки бир өткөн окуя менен чиеленишкен жери бар. Ошону айтып берейин, –деп калды. Мен кубанычымы жашыра албай, ыргып туруп ширенкенин бир тал чийин күйгүздүм. Абышка тамекиде өчү бардай кере–кере тартып, түтүнүн жай үйлөдү.

* * *

Кийинки убактарда Саша Дуров түшүмө көп кирип, кыйналып жүрдүм. Никита төрөгө айтсам: “Сен эле бекенсиң! Сага окшогондор толуп атат. Үйлөн дебедим беле. Балалуу болсоң алаксып кетет белең”,–деп айкырып сала берген. Ойлонуп калдым. Үйлөнсөмбү деп. Бирок кимге? Же сүйлөшкөн кызым болбосо, үйгө жетелеп келгидей... Таң заарынан кызматка шашып, жатар конокчо жатагыңа келсең темтейип, кайдагы кыз. Ышкыңды суутчу беркиндей кыз–келиндер саман дечи, бирок алар мага жар болуп береби, бербейби маселе ушунда турду. Ой басты. Түнт болуп кеттим. Уйку качты. Көз жумсам эле, мени кыйнаган ойлор башыма келе берет. Атылгандардын убалы кимге? Тууган — уругунан айрылгандардын муңун ким угат? Ар бир үчүнчү кишиден шек санап, онунчу кишини сураксыз түрмөгө отургуза берсе, бу бузулган коомдо ким калат? Тоо–таш койбой кыдырып, кыштак–шаарды аралап, колго тийгендерин Гулаг деген кубаттуу машина чайнап жута берсе, келечек муунга залалы тийбес бекен? Тийет. Баарынан жаманы жакындарына жолуга албай күндөп–түндөп кумсарган түрмөнүн темир эшигин сагалагандарды шылдыңдаганыбыз өттү. “Кудай үчүн паланчага берип койгулачы деп бучкактап турса белек–бечкегин кантип албай коесуң. Айласыз аласың. Ичкери киргенде, апкелгендин баарын бөлүп аларыбызды айтпайбыз да. Же алар буерге кирген адам кырк, ашып кетсе алтымыш күн кармаларын, анан оо дүйнөгө узарын билишет бекен? Албетте, жүз жолу жок, жок, жок! Айрыкча көзгө түшкөн суйкайган кыз–келиндерге кенедей жабышып “жардам берем, белек–бечкегиңи киргизип берем” деп төшөкө сүйрөгөн жоругубузга жол болсун. Деги алар буерге түшкөн пенде өмүрү үйүнө кайрылып барбасын сезер күн кайда? Сезбейт? Билбейт! Гулаг – бул эркек–аялын, кемпир–чалын, кичине–чоңун ылгабай бүкүлү жуткан ажыдаар, эл –аны азыктандырган олжосу чоң мергенчи. Чынында ошондой эмеспи. Бул алаамат бүт өлкөнү кучагына алып, түрмөлөргө адамдар батпай кеткенин билип туруп, билмексен болобуз. Адам тагдырына кайдыгер карап, ат үстүнөн камчы үйрүгөнүбүз акыры түбүбүзгө жетти. Буга ким жооп берет, кимди күнөөгө жыгабыз? Күнү–түнү чарчадым–чаалыктым дебестен, парасы айланып, жеп, ичип жаткан кубаттуу машинанын жанында алсыз кыбыраган бөкөчөмүн. Чын, азыр ойлосом өзүм ошо парасы тынбай тегеренген машинанын бир тетигине айланыпмын. Ырыскыбыз кошулуп, киндигибиз туташып калганын кайдан туйдум да, кайдан билдим. Жанталпастын айынан күн кечирип жүргөн экем. Азыр минтип азап чегип жүрөм. Бирок менин жашоом алдыда эле.

* * *

Адаттагыдай эле кечинде сүйрөлүп жатагыма келсем, Саша күтүп отуруптур. Мени көрүп сүйүнүп кетти:

– Паша, кайда жүрөсүң жоголуп. Кечке издеп суй жыгылдым. Келсең маанилүү иш бар. Мен сени бир чүрөк менен тааныштырайын деп келдим. Мүнөзүңөр келишсе, балким бүлө болуп кетесиңерби. Иши кылып кыз мага жакты. Сага дагы жагыш керек. Мага айтпаган сырыңды Никита төрөгө айткан экенсиң, таарынып дароо чуркап келдим. Мен сени чыныгы дос деп жүрсөм...

Күнөөлүүдөй кызарып кеттим. Ачыгын айтсам Саша менен акылдашууну түк ойлобопмун. Күнөөмдү мойнума ала сүйлөдүм.

– Сага айтып да кереги жок. Сен, мен эмне айтарымды бир апта мурун билет эмесиңби. Кечирип кой досум.

– Ошондой де, баары бир күнөөлүүсүң. Күйөө мен айткан жакка барсаң гана кечирилет. Анткени, бизди татынакай кыз күтүп турат. Кана кеттикпи!..

– Кеттик, –дедим мен күттүрбөй.

Жолду ката Саша кулагыма бирдемелерди шыбырап, өзүнчө жыргай берди. “Шаар көргөн эчкилерди эмне кыласың, мойнуңа мингизип. Кыштакы кыздардан өтө берсин. Жаш немени каалагандай чүлүктөп аласың” деп кызды да мактап, мени да сүрөп баратты.

Саша мени менен тааныштырмакчы болгон кыз аялынын жакын туугандарынан экен. Бияка капысынан келип калыптыр. Орто бойлуу, көзгө сүйкүм тартынчак кызды аяшым Надя деп тааныштырды. Оңойлук менен чечилип сүйлөбөгөн, мүнөзү түнт, кат сабаты жоюлбаганын сүйлөп отурду, тили буудай кууруган аяшым. Надя бизден ийменип отурду. Кызды бир көргөндө эле жактырдым. Эки курдай киного чакырдым. Кийин Саша, аяшым болуп шаардын сыртына дем алганы бардык. Анан үйлөнүп алдым. Надянын көп сүйлөбөгөнү, сабатсыздыгы полковник Зимолин мырзага майдай жакты. Зимолиндин жеке кийлигишүүсү менен жөө бассаң он беш мүнөттүк жерден там сатып алууга уруксат алдым.

Ошентип, ным жыттанган түрмөнүн жатагынан короосу чоң жаңы конушка көчүп келдим. Чарбакка каралашсын деп Надянын ата–энесин чакыртып алдым. Кийин биротоло көчүп келишти. Кайнатам менен кайненем кыштагынан чыкпаган кудайы момундары экен, менин кайда иштеримди сурашкан да жок. Өзүм да жик чыгарбадым. Койнумда жаткан аялыма да айтпадым. Кайра мендей табарман, созулган күйөө тапкан кызын мактап, кудуңдап сүйүнүп жүрүштү, менин жаңы туугандарым. Үй–бүлөмө алаксыганданбы бетиме кан жүгүрө баштады. Көңүлүм ачылып, шайдоот болуп кеттим.

* * *

Өлбөгөн жанга кайрадан жаз келди. Үйдү актап, сырдап алдык. Надянын боюнда бар. Эртеден кечке тынбайт, байкушум. Кабагым–кашым дебей кыймылдаганы кыймылдаган. Сага болбойт, эс ал, мен деле жетишем десем ынабайт. Карманган тутканы таза, тамакты таттуу жасаганы жүрөк кубантат. Тамагың белен, кийимиң дайым үтүктөлүү. Көңүлүңө кар жааса тимеле эне тооктой үйрүлө түшөт. Ишенесизби, аялымы сүйүп калдым. Эптеп үйлөнүш керек болуп, кызды жактырып үйлөндүм эле. Бирок сүйүү деген ыйык сезим экен. Сүйгөндө да катуу сүйүп калдым. Чын, ыймандай сырым. Кызматтан бутуму араң сүйрөп келгенде Надяны көргөндө кадимкидей күч кошулуп, жыргай түшөм. Аялымдын мыкты чыгышы тагдырдан дедим. Кайнатам менен кайненем мени өз кызынан да артык көрүштү. Кайнатама спирт алып келип берсем жыргап калат. Кызып калса унчукпай жатып алат. Чарбачыл, ишти катыра жасачу. Тооккана курган да ошол, жер тээп майда–чуйда эккен дагы ошол. Үч торопойлуу болдук. Кызмат деген кызмат экен, бирде өөдө, бирде ылдый. Милдетими кынтыксыз аткарып жүрдүм. Кошунам радиозаводдо инженер. Ара чолодо шахмат ойной коебуз. Ал дагы жумушуна эрте кетет, мен сыяктуу. Жакында башкы инженерликке көтөрүшүптүр, үйүнө чакырып калды. Бардым. “Кесибиме сыймыктанам, өз ишими сүйөм” дейт. Мен “Ким кесибине сыймыктанбайт экен, ким өз ишин сүйбөйт экен? дедим. Баары сүйүшөт” дедим. Чочулап калды. Ал менден мурда эле чочуп жүрүптүр, кара “Москвич” алып келип, алып кетип жүрсө. Ордун куттуктап, чыгып кетүүгө туура келди. Үйгө келсем Надя төрөлө элек чүрпөгө деп алган кийим–кечекти салыштырып аткан экен. Күлмүңдөп келип жүзүнөн сүйдүм.

– Ишенесизби, Надя менен канча жылдан бери жашап келатам, бирок бир да жолу кер–мур айтышпаппыз. Ушу кезге чейин бөтөнчө сыйлашабыз.

– Аял затынан жолдуу экенсиз, –дедим.

– ...Жолдуумун... Жашырбайм, ырас көбүнөн жолум болду. Кудай деген кур калбайт экен.

– Чылымын тартып, түтүнүн жай үйлөдү.

– Павел Степанович, ойго чөмүлүп кеттиңиз, чарчадыңызбы?

– Мен го чарчаган адаммын. Өзүңүз чарчаган жоксузбу? Эртең уктап калып поездден калып калбайсызбы. – Күпшөлүп караңгы түнгө көз тайгылтты.

– Жо, жоо–ок, мен неге чарчайын, чарчаган жокмун. –Шашып кеттим.

– Анда баштайын. Азыр эле айтпадымбы мен чарчап бүткөн адаммын деп. Баары өлүп, НКВДнын “өзгөчө кызмат командасынан” жалгыз сокоюп, мен тирүү калыпмын. Бу жакшыбы, жаманбы, ким билет, бирок мен кимдир бирөөгө айтышым керек да. Мен айтпасам ким айтат.

Ырас, кызматымы танбайм. Көп адамдардын каны төгүлдү. Мен буерден аткаруучу гана кызмат өтөдүм. Бул актангандык эмес, мен болбосом менин ордума баары бир башка адам келмек, туурабы? Ии, деп тур. Үйлөнүп, короо–жай күтпөгөндө, көпчүлүктүн бири болуп, өзүмү асып коймокмун, же жиндиканада чиримекмин. Ошон үчүн кайырчыдан кыя өтпөдүм. Бей бечарага жардам этип, жакшылыгымы эч кимден аябадым. Ашкере боорукер болуп кеттим окшойт. Боорукер болуу деген бул – өкүмдү аткарбай өлүмгө буюрулган пендени түрмөдөн качырып ийүү, же алардын көңүлүн жубатып, замандын ошо саясатына каршы козголоң чыгаруу деген эмес. Ал деген түрмөдөн сырт дүйнөдө өзүмү эркин сезип, адамдар менен кадимкидей боору ачыган мусапырдай мамиле түздүм. Түрмө ичинде зыңкыйган желдет башы кызматын өтөдүм. Бирок, бу кызматка да чоң даярдык менен келбесең кызматташтарыңын алдында, тыш дүйнөдө өзүңдү өзүң сатып, кокодон алган куу тагдыр менен кош айтышаарың бышык болчу. Мен экөөнү тең сатпадым, экөөнө тең ак кызмат өтөдүм. Болгону замандын, коомдун агымынан сырткары болбой, ошолор ойлоп тапкан ГУЛАГ деген сыйкыры күч машинанын кызматын аткардым. Пешенеге жазган тагдырдын жазмышына айла жок экен. Камагыла деди камадык, аткыла деди аттык. Анын эмнеси бар экен. Кыскасы, айта берсе арман көп. Андан көрө менин көз карашымды, тагдырымды түп тамырынан өзгөртүүгө өбөлгө болгон окуя тууралуу айтып берейин, –деди өчкөн чылымын кайра жандырып.

Мен айтыңыз дегендей баш ийкеп, кулак төшөдүм.

* * *

Кээде кызмат боюнча шаарды кыдырып келчүбүз. Ошондой күндөрдүн биринде Партизан көчөсүндөгү чалдыбары чыккан тамдын алдында кумда ойноп отурган кичине балага көзүм түштү. Кечээ өткөндө көрүнбөгөн. Менин байкоомдо бала буерде жалгыз өңдөндү. Машинадан түшүп, жанына басып бардым. Чачы чапташып, желкесинен бит куюлат. Кабыргасы бириндеп, жүдөмүш.

– Салам, балакай!–дедим мен тизелей отуруп.

– Салам! –деди бала да бош келбей.

– Буерде эмне кылып отурасың? Кимдин уулу болосуң? –дедим жылуу күлмүңдөп.

– Мен Саша Дуйов деген болом, –деди чулдурап.

Эсиме бир нерсе кылт эткендей деңгирей түштүм.

– Апаң кайда жүрөт? – дедим айланага көз салып.

– Апам жок, өлүп калган, –деди суроомо көңүлсүнбөй.

– Атаңчы?! –Кайрадан мазесин куруттум.

– Атамы тээтигиндей масинеге салып кеткен. Эми ал келбейт, –деди. Ошондо жер көчүп, өзүмү жек көрүп турдум. Бирок чөнтөгүмү сыйпаласам момпосуй бар экен. Ошону алдым да, анан:

– Сен ким менен турасың? –деп балага сундум.

– Мен өзүм эле туйам, –деп баланын ичке колдору момпосуйга сунулганда, төбөмөн ылдый кайнак суу куюп жибергендей болду. Демек, алдымдагы тырмактай арык бала былтыр мен атып өлтүргөн Саша Дуровдун уулу турбайбы дедим. Тамагым буулуп, баланы жепжеңил көтөрдүм. Боорго кыстым. Башыма келген биринчи оюм тезинен буерден кетүү, баланы үйгө жеткирүү болду. Машинаны от алдырдым. Чоң көчөгө чыгып, артыман куугунчу келаткандай алды–артыма карабай зымырап келаттым. Бала момпосуюн шимип түгөттү окшойт жана сурады. Аңгыча үйгө жетип, тормозду басканда короону чаң каптап кетти.

– Надя, На–дя! –деп кыйкыра берипмин.

Байкуш аялым ичин челкейтип, тоокканадан баш бакты. Мени көрө коюп колундагы тоогун ыргытып жиберип, жете келди.

– Наденька, алтыным, балага тамак бере койчу. Карачы, бейдарман, үлдүрөп араң эле турат. Бол бачым!

– Мен азыр. –Аялым ашканага чуркады. Кайдандыр кайната, кайненем топтоло калышты. Кантсе дагы эне эмеспи чатышкан чачынан сылап, баланы кайненем ала койду.

– Балага азырынча май, сүт гана берүү керек. Болбосо тамак өзөгүнө түшүп, баланы бекер кыйнап алабыз, –деди билерманданып.

Надя бир кесим нанга май сүйкөп, стаканга сүт куюп чыкты. Нанды кичинеден тиштетип, сүттү бүт ичирдим. Артынан карагат варенье кошулган ысык чай ичип алды. Анан киринттик. Чачын алдым. Кайненем эптеп бурдап тиге салган узун көйнөк менен, дамбалды кийгиздик. Байкуш курсагы кампайып, денеси жибише түштүбү же кечке ойноп чарчаганбы үргүлөй баштады. Мен көтөрүп барып апакай шейшепке жаткырдым. Уйку суроонун ортосунда атакелеп мойнуман кучактап, көөшүлүп уктап кетти.

– Пашенька, баланы кайдан алып келдиң? Мынча алып келбегенде ачкадан кезерип өлмөк экен, –деди аялым төшөгүн кымтылап жатып.

– Көчөдөн, кумда ойноп жаткан жеринен алып келдим, –дедим мен ширин уйкудагы баладан көзүмү албай. Надя өөдө болуп, мага тигилди:

– Кимдин баласы экен?

– Биздин балабыз, –дедим чечкиндүү, анан Надяны кучагыма кыстым. Эреркий түштүм. –Биздин чоң уулубуз болот. Жакшылап кара.

Бала эркелеткендики деген кепте чындык бар. Ай айланбай Сашанын бетине кызыл жүгүрүп, кыйла тыңып калды. Эртели–кеч чулдурап сүйлөп берсе, күлүп калабыз. Кайнатам менен кайненемдин тарбиясы өзгөчө күч берди. Саша аларды “чоң ата, чоң эне” деп, бизди “ата”, “апа” деп чакырып көнүп кетти. Ал мага кадыресе ишенип калыптыр, бала да. Кечинде жатарда мойнуман кучактап:

– Ата, жашынмак ойногон жейден эмнеге мени тапкан жокшус. Мен бекинип аябай чайчадым. Ыйласам дагы келбедиңиз, –деди.

– Келбедимби, –дедим муунум бошоп.

– Ыкы, шиз тапкан жоксуз. Мен чайчап, отуйганда келбедиңизби.

– Ошентсе да мен сени таап келбедимби, уулум, –дедим каңырыгым түтөй.

– Мен шизди аябай күттүм. Шиз эмнеге келбей койдуңуз?–деп жана такып сурады.

– Кичинекейим, медерим менин, алыска командировкага барып кармалып калбадымбы. Эми сенин макулдугуңсуз эч кайда барбайм. Сүйлөштүкпү?

– Сүйлөштүк. Атаке, мындан айы жашынмак ойнобой эле жүйөлүчү ээ. Болбосо шис келбей коет экеншис. Макулбу?

– Кел анда, кол алышалы. Мындан ары жашынмак ойнобойбуз ээ. Эми уктай гой уулум, –дедим бытыйган колдорунан сүйүп. –Уктай гой, балам...

Ошондон үч ай өтпөй кыздуу болдум. Атын апамын урматына Мария деп койдум. Саша бөбөктүү болгонуна аябай сүйүндү. Сашалар куттуктап келишти. Ал эми кызматта болсо, күн сайын өзгөрүү болуп турду. Күндөр зуулдап, ай алмашкан сайын катарыбыз суюлуп, эмки кезек кимдики деп кооптонуп калчу болдук. “Асынып өлдү, жинди болуп кетти” деген жаңылык болбой калган. Бирок ушуга окшогон ит өлүм баары бир келбей койбойт эле, сөзсүз келмек. Ушундай өлүм, жапжакшынакай эле жүргөн полковник Зимолинди катардан алып кетти. Ал өзүн өзү чыкыйга атыптыр кабинетинде. Табышмактуу өлүмдү териштирген жан чыкпады. Ар кандай ушак тарады. Бири жогортон кысым болду десе, бири чыдабай атынып өлдү дешти. Өлгөндүн өз шору экен. Артында биз дүрбөлөң түшүп калдык. Өзгөчө абал киргизилди. Кайрадан түрмөнүн жатагына тыгылдык. Түрмө башчысы болуп подполковник чининдеги Тотошвили деген грузин дайындалды. Арык өгүздөй тарбайып, тумшугу ороктой оркойгон грузин келген күндөн тындырбай, жаныбызды сууруп алды. Жарым жылдык норманы өзгөчө абал киргизилген н күндө аткардык. Себеби, түрмө 58— статья менен камалгандарга толуп кеткен эле. Ошого алымсынбай, журт көтөрүлө эл душманы болуп кеткенсип өлкөнүн ар кайсы бурчунан алып келип тыга беришти. Камералар төө басты болуп, бут коерго жер калбады. Оорулуулар көбөйүп, эпидемия башталды. Анан көрүп ал–киши атышты.

Күнүнө 60-70 адам атылып турду. Тергөөчүлөр эки мөөнөттө кол жоорутушту. Мойнуна албагандарын уруп, кыйнашты. Айрыкча майор Медведов деген тергөөчү өзгөчө көзгө көрүндү. Ал жеткен акмак, аяганды билбеген жырткыч неме болчу. Мыкаачылыгы, колуна түшкөн адамды чочкодон өөдө санабаган наадандагы, кеп жебеген кара мүртөздүгү менен жек көрүндү болгон. Андан биз дагы жалтактап, келатса жол бошотуп турар элек. Тилинен чаң чыккан Никита төрөнү дал ушу киши көтөрүп урду. Артынан ондогон кишилер чабылды. Ондогон кишилер анын камерасында буту–колунан асылып турду. Көпчүлүгү кыйноонун азабынан өз жандарын өздөрү кыюуга дейре барышты. Кан сөлү жок купкуу жүздүү майор Медведов Тотошвилинин кол баласына айланды. Кадам сайын адам каны, кадам сайын адам ыйы. Аракеттенгендердин эмгеги талаага кетпептир. “Эл душмандары менен жан аябай күрөшүп, ишти өз убагында колго алып, оор жагдайдан суурулуп чыгууга өзгөчө эмгек сиңирген подполковник Тотошвили полковник, майор Медведов подполковник аскер чинин мөөнөтүнөн мурун алышты. Бизге бир күндөн дем алыш беришти. Тоо–тоо болуп үйүлүп кеткен өлүктөрдү көр казгандар командасынын чамасы жетпей аңга бульдозер менен түрттүрүп, араң үлгүрүп жатышты. Саша Мухин чымындаган жүздөгөн өлүктөрдүн ичинен капысынан атасын таанып, жинди болуп кете жаздады. Үч күн удаа өлгүдөй ичип, ыйлай–ыйлай көз жашы калбаганда атасы көмүлгөн аңдын жанындагы соксойгон жалгыз даракка асылып тынды. “Сен эми жанымда жоксуң. Түбөлүккө кош бол, кайран досум! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!” –дедим кабыры жерге түшөрдө. Мухиндин сөөгүн жерге жашырып келгенде жанымды коерго жер таппай, кыйпычыктап жалгызсырай түштүм. Капастагы бөрүдөй бөлмөнү ары–бери тепчийим. Демим кыстыгып түрмөнүн короосуна чыксам, дүр этип машина келип токтоду. Эшиги шарак ачылганда чучуктай чыңырган чачы саксайган аялды түртүп түшүрүштү. Ал болгону ич кийимчен экен. Анысы да дал–дал айрылган. Салаңдаган жумуру кош алмасы көрүнгөн жанды өзүнө тартат. Аял айрылган ич кийимин кымтылаган болуп кез келгенине жалынат:

– Айланайындар, үйдө кызым жалгыз калды. Жок дегенде кызымы бирөөгө табыштап келейинчи. Кое бергилечи! Кызым жалгыз калды дейм, кое бергилечи!

– Жап оозуңду, канчык! Эмне чаңырасың, чочкого окшоп. Кызды мурда ойлош керек болчу. Бас, уу энеңди!..–подполковник Медведовдун чоң муштуму көк желкеге соккондо аял үн–сөзү жок шалак алдына кулады. Жанындагы эки милийса диңкилдетип сүйрөп жөнөдү. Мен тишин бейкапар чукуган шопурдан аялдын дарегин сурадым. Ал мага үңүрөйө тигилип “Октябрь көчөсү –335” –деди бурк этип. Токтоосуз машинама жетип, ойлонбостон Октябрь–335ке зуулдадым. Айнектен катар үйлөрдү санап баратам. 309, 310, 333, 335. Дароо токтоттум. Тосмосу бийик, жыгачтан салынган тамдын дарбазасын ачып, ичкери кирдим. Бөлмө чачылган. Сынган идиш–аяк, айрылган сүрөттөрдү тепсеп, төркү бөлмөгө өттүм. Диванда эки жаш чамасындагы кичинекей кыз бүк түшүп уктап жатыптыр. Кызды ойгонуп кетпесин деген кыязда абайлай көтөрүп, сыртка бет алдым. Алдыма коомай кармап, машинаны жүргүздүм. Үйгө жеткенде ойгонуп кетти. Чоочун кишилерден коркуп кеттиби же апасын көргүсү келдиби “Апам кайда? Апама байам” деп солкулдап ыйлай бергенинен момпосуй берип атып араң соороттук. 
Аты Оксана экен. Жууп–тарап, үй–бүлөгө кабыл алдык. Түйшүк көбөйдү. Бирок бала деген ширин тура. Күндөр билинбей өтүп жатты. Күндө таңда үч баламдын жүзүнөн үч өөп кызматка жөнөйм. Уй сатып алдык. Оксананын апасы Медведовдун бөлмөсүнөн чыкпай, о дүйнө узап кете берди.

Күндөр айга, айлар жылга тогошту. Мени менен бир кызматка киргендер баары өлүп тынышты. Алардын ордун жүрөгүндө оту бар жаш коммунисттер, комсомолдор ээлешти. Менин жаным көбүнөн бышык өңдөндү, жинди дагы болбодум, атынып дагы өлбөдүм. 1947-жылы ден соолугума байланыштуу күзөтчүлүк орунга которушту.

Ошентип мени кудай сактады. Мына өзүңүз менен бабырашып олтурам. үзүм эки кыз, эки уулдуу болдум. Эки кыз, эки уулду асырап алдым. Мария жатак–мектептин директири. Оксана облусттук гезиттин баш редактору. Кечээ Сашаны Сибирге узаттым. Ал Сибирь аскер округунда кызмат өтөйт. Учкуч, чини боюнча майор. Сашаны көрсөң болот эле. Абдан зыңкыйган жигит болду. Жакында неберелүү кылам деп, мени кубандырып кетти. Сага жолуккан күнү Саша экөөбүз чиркөөгө киргенбиз. Мен көп шам жактым, атылгандардын арбагына багыштап. Буга баары таң калышты. Саша элдин күбүр–шыбырына көзү алаңдап, кулагыма күбүрөп атпайбы: “Атаке, мынча шам жагуунун кандай зарылчылыгы бар эле” деп. “Керек уулум, кудаанын алдында баарыбыз тегизбиз, күнөөбүз бар. Ошон үчүн бирөөнүн сообу бирөөнө тийет. Жаман–жакшылыкта улук кудайды оозана жүргөнүң өзүңө жакшы уулум!” дедим таптакыр сыр бербей. Чокунуп сыртка чыктык. Отургандар бизди узата карап турушту.

* * *

Мен жүрөгүм сыздап, көңүлүм уйгу–туйгу болду. Оор күрсүндүм. Абышкага ишенип–ишенбей да турдум.

– А сиз билесизби, экинчи кызымдын аты ким экенин?, –деди абышка капыстан.

– Кай–даа–ан, мен жердин аркы, сиз берки четинде болсоңуз.

– Аты Айша. Балдар поликлиникасынын башкы дарыгери. Илимдин кандидаты. Муну укканда менин оозум ачылып эле калды.

– Таң калыштуу бекен. Айша жөнүндө аңгемени уккуң келеби?

– Павел Степанович, баятан ошодон баштабайсызбы?!, –дедим каным дүргүп.

– Аны атайын сары майдай сактап, аңгеменин аягына калтыргам.

Көздөрү жайнай түшкөн абышка тамекисинин күлүн түшүрүп, оңдонуп отурду.

* * *

Мен сага эсиңде бекен, башынан айтып өтпөдүмбү. Тоолор, бейтааныш кыз түшүмө кирчү деп. Жаштын тилегени, кудаанын айтканы келет дегени калетсиз. Тагдыр насип буюрган экен, бала кезимде көргөн көл кызы менен ушуерден кездешпедимби. Ал мындай болду. Жүз грамм спиртке ичти кызытып, көкүрөгүмү ыштап алайын деп сыртка чыккам. Түрмөнүн эшигин күзөткөндөр көп элдин ичинен бирөөнү жаңсап атышканы мага кызык туюлду. Карасам котологон элден обочо дарактын түбүндө тегерек кундуз тебетейчен, кара чыптама кызыл көйнөкчөн азиат кызын көрүп селейип каттым. Бу татынакай чырайлуу кыз кайдан келип калды? Айраңмын. Кудум ушуга окшогон кызды бала кезимде далай ирет түшүмдө көрбөдүм беле. Ошолбу, ошол эмеспи табышмак. Андай карасам, мындай карасам деле кыз мага илгертен тааныштай, мурда сүйлөшүп жүргөндөй сезиле берди. Жүрөк кургур бирдемени туйгандай дүпүлдөйт. Таманыман чачымын учуна чейин чымырып кетти, үзүлө тигилген сайын. Өткөн бала чакты эске салган жылуу сезим сыртка жетеледи. Мындай сонун учурду ким эле өткөрүп ийгиси келсин. Тобокелге салып эл аралай бастым. Жан дүйнөм кызга жакындаган сайын термелип, жүрөк кургур дүк–дүк согот. Үнүм каргылданып, ымшып тердедим. Кыз менин бирдеме айтмакчы болуп карбаластай түшкөнүмү сезип, кызарып кетти.

Мен кыз менен учурашканда жүзүм албырып кетти.

Кыз таптаза орусча сүйлөдү. Андыктан мен:

– Кечиресиз, бу сиз орусча таза сүйлөйт турбайсызбы. Алыстан келдиңизби– дедим.

– Алыстан... Ала–Тоо деген тоосу бар, Ысык–Көл деген көлү бар жерден келдим,– деди кыз менден тартынбай.

Жүзүнөн эч кандай кооптонуу сезилбеген, көлдө сүзгөн ак куудай келишимдүү, тоо булагындай таптаза, кол тийгис буюмдай ыйык эле. Ала–Тоо деген тоосу, Ысык–Көл деген көлү бар жерден келдим дейби. “Ошо” дедим ичимде так секирип. Ушу учурда мени укмуштай кубаныч бийлеп турду.

– Сиз менден чочулабасаңыз деле болот, – дедим кубанып кеткенимден барбалаңдап. – Мен ушуерде НКВДнын “өзгөчө кызмат командасында” иштейм. Атым Павел, Фамилиям Букреев... – өзүмү ушинтип тааныштырдым.

– Абдан жакшы – деди кыз түрмөнүн эшигинен көзүн албай.

– Буерде жакыныңыз барбы? Кимге келдиңиз эле?, – дедим ышкым козуп.

– ... Атама... – деди кыз төгүлгөн кирпиктеринин арасынан жаш кылгыртып.

– Кечиресиз жакшы кыз. Олдоксондугуму карачы, – деп кыйпычыктадым. Кирейин десем жер катуу. Кыз кол жоолугун алып чыгып, көз жашын сүрттү.

– Тааныш болуп жүрөлү, ысымыңызды айтып койсоңуз, –дедим мен аянгандай.

– Айша, – деди кыз.

– Кай жерге токтодуңуз? Ылаажы болсо жардам кылайын. Тартынбаңыз, айта бериңиз. Кулагым сизде, – дедим шарт бурулуп, безип кетеби деген көйдө. Бирок, кыз солк этпеди. Оюнда тизмектешкен окуяларды талдап жаткандай үшкүрүндү. Анан узакка созуп отурбай, мөлтүрөгөн эриндери күбүрөп, ток этээр жерин айтты. Айшанын айтуусу боюнча атасын айылдык кеңештин төрагасы болуп турган жеринен алып кетишиптир. Жолдон кат жөнөтүптүр, бияка алып баратат деп. Катты алар замат Айша биякты көздөй сызыптыр.

– Жок дегенде атамын акыркы сөзүн угуп, күнөөсү эмне, кандай кылмыш кылды чын— төгүнүн билейин деп жетип келбедимби. Кечээ темир жол бекетинде түнөп чыккам. Атам ушул түрмөдө болуу керек, – деди муңайым.

Мен жашы он талаа болуп үнсүз солкулдаган Айшаны аяп турдум. Ушу тапта кыз эмне десе дагы аткарууга даяр элем.

– Айша, сиз бир азга күтө турасызбы? Мен тиякка кирип, сурап келе калайын. Балким, буерге алып келишпегендир, балким алып келишкендир. Ошентсе да тактап көрсө ашыкча болбос эле, – дедим шашма жаным, азыр эле атасын жетелеп келчүүдөй. Айша мойнума асылып, колдоруман кармалады.

– Сыдыков деп сураңыз, Сыдыков... – деди чуркап бараткан мени узата карап. Эшиктен эшик кактым, кабаттан кабатка чуркадым. Өң тааныш күзөтчү, тергөөчүлөрдөн сурадым. Жок. Мен ичимен кудуңдап, Айшага сүйүнчүлөйүн деп чыгып баратып, подполковник Медведовдун сурап көрбөйүмбү деген ниетте кайрадан үчүнчү кабатка көтөрүлдүм. Эшигин кактым.

– Кире бериңиз, эшик ачык, – деди Медведовдун киркиреген үнү. Мен кирип барганда күңүрт жарык чачкан бөлмөсүндө бирдеме жазып отуруптур. Бурчта бирөө колунан керилип турат. Салам айттым.

– А Павел Степанович, сиз белеңиз! Келиңиз, келиңиз. Отуруңуз.

Медведов арамза козголуп, отургучту көргөздү.

– Павел Степанович, баш бакчу эмес элеңиз, келип калыпсыз. Сизди кайсы кара теке сүздү. Сүйлөй отуруңуз.

– Жардамчыңыз Чуркинди издеп келип калдым. Чылым чектиресизби, жолдош подполковник, – дедим көзүнө тик карай албай.

– Чылымбы? Кудай жалгасын, чегип отуруңуз, – портсигарын сунду. – А Чуркинди сурасаңыз, ал эрте менен темир жол бекетине Кавказдан этап болуп келгендерди кабыл алганы кеткен.

– А ырахмат, ырахмат! Өзүңүздүн иштериңиз кандай, Геннадий Ушурович?

– Оо достум, биздин ишти сурабаңыз. Биздики тозоктун отундай ысык. Сиздикиндей машаны чык бассаң бүтө тургандай жыргал кызмат болсо кана, атаганат! Сага тымызын сыймыктанып да кетем. Адам бою үйүлгөн кагаздарды толтурам менен убара чекпейсиз. Ушундайбы? Биздики болсо теңирден тескери. Бала–чакамын алдына барайын деп жарты мүнөт убакыт таппайм. Мындай болсоң эле издеп келишет, менсиз жумуштары бүтпөй калгансып.

– Генадий Ушурович, сиз өзүңүздүн күжүрмөн эмгегиңиз менен ушул килейген имаратты көтөрүп турасыз. Өлкө сизге окшогон каарман патриоттору менен сыймыктана алат... –дедим аргасыз ырсайып.

Кошоматым күч болду окшойт, Медведов чын дилинен каткырды. Ушу тапта мага укук берчү болсо эч ойлонбостон аркы–терки орсойгон сары тиштерин тирүүлөй аттиш менен сууруп салуудан кайра тартпас элем.

– Ошондой деңизчи, комплементиңизге чоң ырахмат. – Медведов сустая эки колу, эки бутунан керилген адамга тигилди. Тамекинин күлүн чертип түшүрдү.

– Павел Степанович, биз ошончолук эмгектенебиз да. Караңызчы, колу–бутунан асып койсоңуз дагы карганып, кыпындай нерсени мойнуна алып койсо не? Албайт, көшөрүп. Ушу сасыктардан башка эмне жыргаган нерсени көрөбүз дейсиз кызматтан. Эчтемени... Кызмат, кызмат деп жүрүп, биз дагы бир күнү өтүп кетебиз, ээ достум.

Кызарган көздөрү жалаңдап, кумсарган жүзү оңтою келсе жер жүзүндөгү жандуунун жанын койбой канын соргон жалаңкычтай сүрдүү көрүндү.

– Сизде жоопкерчилик да ошончулук чоң эмеспи. Өлкө эл душмандарына толуп кеткенин жолдош Сталин кандай аңдабай калды экен?

– Ошону айтсаңыз. Башканы коюп, мынабу тоонун жапайы доңуздарына, азиаттарга эмне жок дейм да. Доңуздардын өлүмтүгүн артып, жер куруп калгансып ушуерге алып келишиптир.

– Азиаттар дейсизби?!.. – мукакатана кирилдедим.

– Ооба, кадимки эле жапайы азиаттар. Тааныша отуруңуз...

Медведов булгаары сумкасынан кара тыш папканы алып үстөлдүн үстүнө таштады. Папканы чок кармагандай кармадым. Колдоруму калтырак басты. Сезип калбасын деген коркунучта папканы кайра таштап, кайра алдым. Папкадагы тизмеден баш адашат. Мен шашып кагазга үңүлдүм.

– А сиз үн чыгарып окуңуз, окуй бериңиз. Тиги Сибирдин аюусу дагы уксун, коомдук мителер кай жерге чейин жайылып кеткенин, –деп сөөмөйүн кезеди. Мен окуй баштадым: Серкебаев, Хасанов, Келдибеков, Осмонов, Кубанычбек Сыдыков..., Кыргыз ССРи, Ысык–Көл кантону..., 518— камера... Жетиштүү болду окшойт, тып токтодум. Тамагым буулуп, барактар жылбышты.

– Мына көрдүңүзбү, мителер кай жерде гана жүрбөйт. Аларды тыптыйпыл жок кылуу керек. Башка жол жок.

– Кызык, азиаттарды буерге эмнеге алып келишти дейм да суутуп койгонсуп.

– Аларды так ушул жерде жайлоо керек. үзүм тергейм, мыкка отургузам. Сиз атасыз. Аларга мергенчиликке чыгууга кез келди. Ушундай эмеспи, Павел Степанович, – деди мага кайрылып. А мен болсо коштошконго араң жарап, тышты көздөй кадам шилтедим. Медведов тиштенген бойдон кала берди.

Көчөгө чыксам Айша деле баягы ордунда күтүп туруптур. Жанына жакын келгенче козголгон жок. Атасын тапканыма бир алдын кубанып, бир алдын катуу кайгыга батып, алдында алдастап турдум.

– Айша, атаңыз ушуерде экен. Аты Кубанычбек беле? — дегенде ал үнсүз бетин басып, бышактап ыйлай берди, ыйлай берди. Бугун чыгарып алсын деп, мен дагы үн дебедим. Акыры ый аралаш булдурап: –Эми не айла тапмакмын, –деди мени жалооруй карап.

– Айла табылат, –дедим чечкиндүү –белек–бечкек, кат киргизсеңиз болот. Азырынча атаңыздан күдөр үзүүгө болбойт. Күнөөсү жок болсо акталат. Тапкан айлам ушу болду. Көңүл жубатуу үчүн айткан сөзгө кубанып кетти.

– Кат киргизсе болобу?! –көздөрүндө учкун пайда болду.

– Болот, –ишенимдүү айттым. –Аракет кылса бардыгы болот.

– Анда кат киргизип бербейсизби. Азыр эле чиймелей коеюн.

– Айша бүгүнчө убакыт бар. Күн да кечтеп калды. Эртең деле үлгүрөсүз.

Айша бир саамга делдее калды.

– Ырас, эртең эле жазайын. Күн отура электе темир жол бекетине жетип алайын. Сизге саар менен жолуксам болобу?–деди сурангандай.

– Болот, эмнеге болбосун. Ишти татаалдантып эмне? Андан көрө үйгө жүрүңүз.

Жол жүрүп чарчаган чыгарсыз. Үйдө эс алып, эртең бирге келебиз.

– Болбойт ко, ошояка эле барайын.

— Айша, мен чын ыкласым менен чакырып жатам. Мага ишенбесеңиз үйгө бара көрөрсүз. Кайната–кайненем, аялым, үч балам бар. Төртүнчүсү боюнда. Айша баары бир ынабады. Жалынып— жалбардым болбоду. Ошо күнү түнү бою кирпик какпай Айшанын жанында отуруп чыктым. Таң атканча кобураштык. Эртелеп тез татымдан шам–шум этип алып, түрмөгө келдик. Ошол эле күнү Айшанын катын атасына кийирип бердим. Бирок, жообун көпкө күтүп калдык. Арадан беш–алты күн өткөрүп ийдик. Бул күндөрү Айшанын атасы подполковник Медведовдун тергөө камерасында кыйноо жеп жатты. Мен бу кыйноо тууралуу Айшага ооз ачпадым. Апта өткөндө тергөө бүттү. Кубанычбек Сыдыков эки күн эсине келе албай жатып араң келди, эсине. Ошондо оңтоюн келтирип, жообун алып келип бердим. Айшанын айтымында кат төмөндөгүдөй мазмунда эле “Айланайын кызым, атаңы издеп, жердин жети түбүнө келгениң үчүн, аркы дүйнөдө дагы миң мертебе ыраазымын. Кызым, мүмкүн болсо буерден тез кет. Апаңа каралаш, бөбөктөрүңө көз сал. Менден камтама болбогула, сак саламат эле жүрөм. Айланайын кызым, атаң кудаанын алдында, журт алдында ак. Мен мамлекетти бүлүндүрө тургандай эч кандай күнөө кылган жокмун. Ушуну көңүлүңө түйүп ал, кызым! Тууган–урукка менден дубай салам айт. Болуптур эмесе, бетиңен өөп, атаң. 193...жыл, 8-август”.

* * *

Айша катты алган күнү кетем деп даярданып калды. Анын адамга болгон мамилеси ушунчалык ак, ушунчалык сүйкүмдүү, ушунчалык адамгерчиликтүү экен. Аз эле күндүн ичинде баарыбыз жакшы көрүп калыппыз, кетиргибиз келбей турду. Балдарды инисиндей эркелетип, Надя менен эски тааныштардай кучакташып коштошту. Кат жазышып туралы деп убадалаштык. Мен Айшаны темир жол бекетине чейин узатып келдим. Поезд күпүлдөп жылып жөнөгөндө жанымын жарымы Айша менен кетип бараткандай, перрондо өксүп–өксүп алдым. Кызматы курусун, Айшаны узаткандан он бир күн өткөндө полковник Тотошвили, тергөөчү Медведовдор азиаттардын “сазайын колуна берүүнү, союздун номур биринчи кызыл желдети, капитан Букреев аткарсын” деп чечим чыгарып коюшуптур өчөшкөндөй. Мен бу кабарды укканда өңү өчкөн чүпүрөктөй кубарып кеттим. Сыркоолоп турам, балдарга эле тапшырайын десем таптакыр каршы болуп коюшту. Анан тигилердин, жогору жактан келген чиновниктердин катышуусунда өзүм аткарууга туура келди. Өкүм жогорку деңгээлде аткарылды. Башкасы бир тең, ушунусу бир тең болду. Көңүлүм чөгүп, үйгө келсем, аялым барбалаңдап каршы алды.

– Пашенька, а Пашенька кыздуу болсок, атын Айша, уул болсо Айшат коелу ээ, жалооруп айтылган сөзгө кирдеген маанайым жазыла түштү.

– Алтыным, акылыңан айланайын сенин! Сен болбосоң мен капкачан жер астында чирип жатмакмын. Сен эмне десең, мен баарына макулмун. Айша десең Айша кой, Айшат десең Айшат кой. Менин Надюшам...

Көзүмөн ысык жаш тоголонуп, Надюшамын саамайынан сылап, эркелетейин десем, каргыш тийген колум көтөрүлбөй карышты. Бетпактын ишин кылып койдумбу деген ой башыма келгенде каңырыгым түтөп кетти. Ызама буулугуп, өңгүрөп ыйлай турган болуп токтодум. Байкуш аялым стаканга суу алып келе койду. Мен Надянын колунан сууну алалбай диванга бүк жыгылдым.

* * *

Абышка оор күрсүнүп, үн катпай калды. Бөлмөнү кулак мурун кескендей жымжырттык басты. Мен чылымын туура тиштеп, терең ойго баткан абышкага “Күнөөңүз тоодой экен. Сизге окшогондорго жер үстүнөн орун жок”, –деп айталбай отурдум. Айтайын деп чыдабадым. Чыдаш кыйын экен. Кулак мурун кескендей жымжырттык муунтуп салды. Көп жылдар жүрөгүн өйүгөн бугун төгүп алып, кирдеген көңүлү агара түшкөн абышка көптө барып, чылымын кайра түтөттү.

– Кийин кат жазыштыңыздарбы?–дедим кызарган көзүмү ушалап.

– Жазышпай анан, -деп абышка дароо кепти илип кетти. -Анча өтпөй Айшанын саламаттыгын сурап, атаңы башка түрмөгө которуп ийишти деп кат жазып жибердим. Жообу тез эле келди. Кийин кудай жалгап кыздуу болдук. Өзүбүз макулдашкандай “кызыбыздын атын сенин урматыңа Айша деп атадык. Надя буга абдан кубанды” деп кат жөнөттүк. Жообун тез эле алдык. Айша абдан ыраазы болуптур. “Мейманга келгиле” деп сураныптыр. Надя колундагы кызын таштап баралбай калды. Мен өз эсебимен он күнгө отпуска алып, көлгө барып келдим. Ошондо көрдүм жер соорусу көлдө экенин. Кийинки жылы үй–бүлөм менен баралы деп камынган учурда, капылеттен кайрадан согуш чыкты. Ошентип ошол жылы көлгө барбай калдык.

* * *

Жеңиштен кийин, 1945-жылдын күзүндө ишенип–ишенбей кайрадан эски дарек боюнча кат жаздым. Ишенсеңиз кат ээсин тааптыр. Кубанганыбызды айтпаңыз. Былтыр аялым барып келди. “Сенин бала чагыңда түшүңө кирчү ак элечек тоолорду, ошо улуу тоолордун кучагында термелген кереметтүү көлүн көрдүм. Көл ар дайым жылуу келип, кышы тоңбойт экен” деп сүйүнүп келди. Айша мугалим окуусун бүтүрүптүр. Өз айылына эле турмушка чыгыптыр. Күйөөсү токойчу, өзү айылдык мектепте директир болуп иштеп жатыптыр. Атасын издеп келгенде он жети жаштагы кулпунган татынакай кыз эле. Эми беш уул–кыздын энеси болуптур. Көлгө жакын жерден там караштырып койдум дегенинен Надядан акчасын берип ийгем. Там сатып алышыптыр. Үйдөн көл көрүнүп турат дегени мени аябай кубандырды.

– Демек, сиз өмүрүңүздүн акыркы күндөрүн көлдө өткөрөйүн деген турбайсызбы, ушундайбы? Эмне бияктан биротоло көчүп кетесизби?, –дедим кызганычым ашып–ташып.

– Ошондой го, сыягы. Байкуш жаны бейишке чыккыр, ыраматылык досум Саша Мухин айтып калчу: “Пашенька, досум, андай дейсиңби, мындай дейсиңби, баары бир сен бизден көп жашайсың. Анткени, сенин бала чагыңдан бери сагынып, көргүң келип жүргөн тоолоруң, кереметтүү көлүң, анан дагы жомоктогудай татына кызың бар. Алла тааланын ар ким пешенеге жазганын көрмөйүн, өз ырыскысын жеп түгөтмөйүн жанын албайт дегени чын болсо, сен балачагыңда самаган нерсеңи көрмөйүн, бу дүйнөдөн эч качан өтпөйсүң” деп. Сашанын айтканы туура келди шекилдүү. Менин сапарым ошоякта карыйт окшоп калды, –деди абышка оор улутуна.

– Бизде да жаштын тилеген тилегин берет деп коюшат.

– Анда менин тилегими да берген экен. Кудаанын ушунусуна шүгүр.

– Өз тагдырыңызга ыраазысызбы?

– Тагдырымда көк мелжиген тоолорду, керемет көлдү, чүрөктөй сулуу Айшаны көрдүм. Ошолордун деми менен жашадым. Өмүрүмдө тоолуктардай меймандос, ак жүрөк элди бу дүйнөдө көрбөдүм эле. Көрдүм. Сыйына татыдым. Сый көрдүм. Сыйладым. Кудайымдай эле көргөн Айша эбепке–себеп болду. Азаптан куткарды. Айша болбосо, тоолор болбосо, көгүлтүр көл болбосо, балдарым, үй–бүлөм болбосо, мен ушинтип сиздин бет алдыңызда турат белем. Жок. Саша Мухиндин өмүрүн алып кеткен сыйыртмак мага да илинет эле.

Арийне, менде көптөгөн адамдардын каны бар. Мен да бир күнү өлөм. Бирок өлөт элем деп карбаластап өлүмдөн коркуп калбайм, өлүп калуудан корком. Тагдырдын ушу вазийпасы мени көп нерселерге үйрөттү. Пешенеңе жазылган нерседен качып кутула албагандай менин тагдырым азыр Айшанын колунда. Анткени мен ал аялды бардыгынан артык көрөм, сыйлайм, сүйөм. Сырым, бугум өзүмдө кетпесин. Болгонун болгондой айтам. Ал кандай чечсе, ошондой болот. Айшанын чечимин аткарбаска айлам жок.

– Балким айтпай эле коерсуз.

– Ага адамдык ариет намысым чыдабайт.

Өлүмдөн башкасынын эрте болгону жакшы. Быйыл барганда сөзсүз айтам, –деди абышка чечкиндүү.

* * *

Ушинтип аялынан, балдарынан, жамы журттан жашырып келген үрөй учурчу сырды жүрөгүндө көп жылдар бою сактап келген абышканын аңгемеси ушуну менен соңуна чыкты. Бу жалган дүйнөдө унчупай коюуга эч кандай акысы жок экендигин сезген, мусаапыр пенденин көмөкөйүн көк таштай эзип, мыжыгып келген коркунучтуу сыр көкүрөгүндө катылып, качан гана сары зил болуп толуп, өзөгү бышып жетилгенде көөдөн жарып отурбайбы. Бу тагдырдын жазмышын ким кандай кабыл алат, ал пенденин өзүнөн...

* * *

Терезеге келдим. Таң атып калыптыр. Чынын айтсам Павел Степановичтин “Көлгө барам, сапарым ошоякта карыйт” десе ичим тарып, кызганып турдум. Ондогон, жүздөгөн адам каны мойнунда кетип, күнөөсүн көлгө жууп салмакчы тура” деп жек көрүп турдум ичимде. Абышка такси чакырып, бекетке чейин узатып келди. Бишкекке билет алды. “Жолдо жеп кетесиз” деп азык–түлүк да сатып берди. “Коюуңуз” десем болбой, “кереги тийет” деп колума акча да карматты. “Көлгө баратып, мага тийе өтүңүз” демиш болдум ооз учунда. Павел Степанович мулуя башын ийкегиледи.

Мен абышканын колун бек кысып турдум. Коштоштук. Тепкичке чыкканда, абышка кош колдоп кол булгалап кала берди. А мен болсо колуму көтөрүүгө кудуретим жетпей мелтиреп, бияка келсе сыйлашып алаарбыз деген тилекте, абышкага ыраазычылыгымды билдире албай, адамдык арым күчөп–ташып, орус элинин байыркы шаарынан узап бараттым...

Чиркелген вагондорду сүйрөгөн поезд шаардан чыгып баратып ачуу кыйкырып алды.

1993-94–жылдар
    Сары-Камыш–Бишкек

 

© Осмонкулов Ж.А., 1994. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4450