Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт / Балдар адабияты
© Осмонкулов Ж.А., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 3 февралы

Жапарали Адашканович ОСМОНКУЛОВ

Көктөмдө келген кубаныч

Балдар үчүн аңгемелер

Жапарали Осмонкулов таланттуу жазуучу. Анын балдарга арналган аңгемелери көркөмдүүлүгү, нукуралуулугу, тереңдиги жана окуу тарбия багытындагы баалуулугу жагынан көп жазуучулардан өзгөчөлөнүп турат. Жазуучунун бул китебине жаратылыш, айбанаттар жана бакыт, Мекенди сүйүү тууралуу жазылган аңгемелери кирди. Китеп балдарды терең ой жүгүртүүгө үйрөтөт, табиятты, мекенди кадырлоого, сүйүүгө тарбиялайт

Жапарали Осмонкулов. Көктөмдө келген кубаныч. Аңгемелер жыйнагы: Балдар үчүн / Сүрөтчүсү С.Макашов. – Б.: Бийиктик, 2005. – 72 б. китебинен алынды
УДК 82/821-93
ББК 83.8
  О — 74
ISBN 9967-22-661-7
О 48033000100-05

 

Космонавт

Кетирекей Кемелди качантан космоско көтөрүлүү кыялы көкүрөгүн кытыгылап келет. Келечекти көрө билген классташ курбусу Капар кыялкеч кадырлашынын космонавт катары калыптанышын кызуу колдоду.

Кубаныч көктөмдө келди.

Курбулар күндүн көзү кылайып көрүнүп, койкоңдогон кызыл короздун кыраан кыйкырыгы кыйырды каптаган кезден космос кемесин курууга камбыл киришишти. Космонавтикадан кабары көп курдаштар күйөрмандарга космос кемесинин каркасын кагазга керип көрсөтүштү. Кызыккан коңшу-колоңдордун, классташ-курбуларынын күйгөн каректери кеменин каркасына кадалды.

«Кайкайып, кадимки космос кемеси! Карасаңар кут келтирген кереметин! Көктөмдө келген кубаныч кандай кооз!» Кобурашкандар кеменин көркөм касиетине казыктай кадалышты. Кемел, Капарды кадырлай карашты. Каркасы курулган кемени күндөп күзөтүштү. Күрдөөлдүү кырк күндө кеме курулду. Кубанышты. Каракулжалык кичинекей космонавттар курган космос кемеси көбүнүн көңүлүн канааттандырды. Калпак, кепкаларын көккө көкөлөтүштү. Көбүнүн көөнүн кызыткан кемени көргөнү койтое керилип күчүгү Кумайык, коенеги Кесеккулак, Кемел, Капарга кошулуп курбу-курдаштары, көптү көргөн кадырман карыялар, кыскасы, көп күйөрман келди.

Келгендердин көз кырына кой көз, кубакай кыз Күлүйпа күлмүңдөй келип, Кемелге кол көтөрө көрүндү. Карашкандардын кирпиктери керилип, каректер-каректерге кадалды. Кыз колжоолугун көтөрдү. Көөдөн керген кетирекей космонавт каадалана какайды. Кыз күлүмсүрөй карады. Курбулардын кыялын кытыгылаган кеме келген конокторго керемет көрүндү. Канат-куйругу кооз космос кемесинин каадасын кылып «Кыргызстан» коюшту.

Көптүн көзүн кызарткан кеме көккө көтөрүлүп кетчүдөй көрүндү. Командирин күттү. «Кыргызстан» космос кемесинин кадырман командири Кемел Курманов кырына кыргыздын кырка кыялары кештеленген калпагын кийип келди. Кербездене кабинага кирди. Курун курчады. Катарга курбусу Капар, күчүгү Кумайык, коенеги Кесеккулак келип кошулду. «Кыргызстан» космос кемесинин көккө көтөрүлүшүн күткөндөр күтүрөп келишти. Кыргыздын карлыгач космонавттарына калайык калк кадырлай карады.

Коңгуроо кагылды. Кеменин командири көңүлү кушубак космос картасын карады. Көңүл көтөрүлдү. «Кана, кеттик!»-— командасы кубаттана кубана коштолду. Күйөрмандар кубангандан кыйкырышты. Калпактар көкөлөдү. Көптү күттүргөн «Кыргызстан» космос кемеси көктү көздөй көтөрүлдү. Карасаң көз кубанат. Кандай керемет күндөр!

Кыргызстандык кичинекей космонавттардын кыргыз кыйырынан көккө көтөрүлгөн кабары Кытай, Колумбия, Канадага карай кетти. Кечки каналдан кыраатын келтире кабарлашты. Калайык-калктын калың катмарына көрсөтүштү.

Космоско кыргыздын калпагы, керемет комузу, кызыл кызгалдагы, китептерден: «Кыямат», «Көзирмемдер», «Күн кызарып кайтканда…» кошо кетти. Кулаалы кармап куш кылгандай, кичинекей космонавттардын кыялынан курулган космос кемеси күнөстүү Кыргызстандын Каракулжасынан көккө көчкөнүнө көбү күбө.

Кеч кирди. Күн конолгосуна кызарып кайтты. Каалга кыйчылдай керилгенде Кемел кирпигин көтөрдү. Кыязы, көкүрөгүнө кыттай куюлган космос кумары кетирекей Кемелдин кыялынан кетпегендей. Кериле, керебеттен көтөрүлүп, космос кумарына көкүрөгү көбүргөн кебете-кешпирчен короону көздөй кадамдады. Кыйыры көрүнбөгөн көккө көзбакты. Кыялы көккө кадалды. Көздөрүн кашына кымтып, кыялынын караанын канчалык кубалабасын, куржалак калганына катуу кейиди. «Көрөсүңөр, каникулда көктөмдө келген кубанычым—космос кемесин курам, Кыргыздын кадырын кылымдар кыйырына кыт куйгандай калтырам. Кебимден кайтпайм!»

Кемел күбүрөнө кайра керебетине кулады. Көктөмдө келген кубанычы, көөдөн кытыгылаган кыялы кайра керемет кыялга курчады. Көөшүлө, кирпиктери кыш койгондой кыналышкан кыргыздын кичинекей карлыгач космонавты көптөгөн күйөрмандарын колбулгалатып, космоско көтөрүлүп кетти…

2004-жылдын 28-майы.
.

Арстан

Акжайда ажарлуу ааламга ай ажатын ачты. Ачкалыктан арааны ачылган айбанаттардын айкөл ажосу атанган азоо арстан алкына арылдады. Айбаты алп айбандын аркарга аңчылыгы алабаталуу адырда аңызга айланды. Адатта, алдуунун аңчылыгы алсыз айбанга адистешкен. Андыктан, алибеттүү арстан алыстагы адырда андаалаган аркарды абайлай аңдыды. Артынан акмалады. Апсайып, албууттанган албарстыдай ажаалдана аңкилдеди. Амалдана алкынды. Ардемеге алагдыланбай аңдып атсада, алдыдагы аңдын алааматынан алкы араандай ачылды.

Акыры ажал апкелчү арстандын акмалаган айбатынан адашкан аркар айбыга алдастады. Айлакер аңчы арыштуу адымдап, алжактаган аңына атырылды. Атырылган арстан алайган аркарды аласалдырып, аңдыздуу аңгекте алкымдан алды. Алмустактан аздектелген адатынча, алдуусу азыкка алган аңына аттиштей аркайган азууларын агытты. Астейдил, ачкачылыктын ажатын ача азыктанды.

Асмандагы аземдүү ай азалуу алоолонуп, айжамалдуу ажарын айбандын айбаттуу азуусунан айбыга азгырды. Аялуу аркардын аймагынан алыстай азаланды. Антпесе, арстандын алкымы араандай ачылып, аркайган азуусу айды апчычуудай айбаттуу аркырады.

Айлана айгайлап айкырган ачкарак аңчы-арстандын айбатынан аз-аздап аруулана арылды.

2004-жылдын 2-июну.

 

Мисте менен мейиз

Майда мадылык мугалим Маркабай Москва, меккелик менеджерлер менен маанилүү маектешти. Маекте мисте менен мейиз мөмөсүнүн медицинада маанилүүлүгү маалымданды. Мугалим менен менеджерлер маанайлары муздаганча мисте менен мейиз маселесин мүчөлөштү. Мартабасы Москва менен Меккеге, Мексика менен Монголияга маалым мисте, мейиз маңызы мотурайган мадылык Медер менен Мээримдин мекенинде миң-миллион.

Мезгилди маалкатпай мисте машакаты мектептеги максатташ мугалимдер менен мотурайган мыкчыгерлерди мээнетке матады. Мыктысына мөрөйлөшкөн мектеп мыкчыгерлери майсандуу мисте мейкиндигинде майышпай мээнеттеништи. Майышпай, майнаптуу эмгектенишкен мыкчыгерлердин маңыздуу мисте, мейизи москвалыктар менен меккеликтерди, мексикалыктар менен монголдорду магдырата маарытты. Мейиз, мисте миссиясынын марасында манчыркап, мээнетине маашырланган Медер менен Мээрим мектептеги майрамдык мааракеде макталышты.

2004-жылдын 27-майы.

 

Офицер

Осмон Ошто окуйт. Окуусу орто. Оболу, отличниктердин ортосунда олоктоп ойноп, окуусун олуттуу ойлогондун ордуна оромпоюн ойлоп, оозу ойкуштана орок оргондуктан ооматы отличниктен оогон. Ойлогон ою ойдогудай орундалбай опсуз ойрондолгон. Оолукма окуучудан отличник окуучулар окчун ойношот. Ошондуктанбы, оройлоно окуучуларды Ормон опузалайт. Окутуучуларга опурула ороңдойт. Оңбогурду органдын омондору оңдоодон оолакташа онтолошту. Ошондо олоктогон Осмонду ордолуу Ошто оту обологон окуучулардын олимпиадалык окуясы оңдуу оңтойго ооштурду. Оңойлук менен окуусун окубаган Осмон олок ойда окуду. Окуудан оңбогондой оңолду. Окумалдыгы окуучулардан озду. Отличниктерге ортоктош окуду. Орто окуучудан отличник окуучуга ооматы ооду. Окуучулар ойногон оркестрде ойноду. Оройлугу, оюнкараактыгы обочолонду. Орундуу ою, омоктуу окумалчылыгы ордолуу Ошто олуттуу огожолонду. Оштун отличник окуучусу офицерликке окуу оюнда Одессадагы офицерлик окууга ооматын оодарды. Ооматы обологон окумал оштук Осмон окуучуну одессалык оендор окууга орноштурушуп, общежитиеге отурукташтырышты.

2004-жылдын 3-июну.

 

Жайлоо

Жазгы жамгыр жагалдана жаады. Жыбырай жааган жаандан жер жагымдуу жашылданат, жандүйнөң жашарат. Жазда желиндеген жан-жаныбарлар жашоосун жаңыртат. Жашаң жайлоо жагалдана жасанып, жашыл жакуттай жаркылдайт. Жер жайнаган жооогазындан жандүйнөң жашаргандай жоодурайсың. Жаз жарлыгындай, жер жагоосундай жалындаган жоогазын, жийденин жыпар жыты жагымдуу жыттанат. Жаздан жайды жайлата жайлоодогу жашаң жайсаң жашоонун жашыл жайнамасындай жайкалганычы! Жайлоонун жайлуу жайытында жайылган жандыктар, жылкы жаныбарлар жагалдана жаак жарыштырышат. Жапайы жаныбарлар жолоочулардан жалтаңдап –жазганбай жүйрө жалпаңдашат. Жогдор жүндөрү жылтырап, жан-жагына жалкоолоно жүзбагышат.

Жалган жашоодо жайлоонун жашыл жакасында жондо жайылган жылкыларга карап, жамбаштап жаткандан жыргал жок. Жайлоодо жамбаштап жатсаң жарпың жазылат, жаның жайлана жыргаганың жыргаган. Жамбаштап жатсаң жайлоонун желаргы жели жашаң жекенде, жийде жалбырагын жүгүнтө желбиретип, жалындаган жаш жүрөгүңдү жыргата желпийт. Жакадагы жергиликтүү жетекчилер жер-жерлердеги жер-жемиштерди жетишерлик жыйнап, жайлоого жөнөтүшөт. Жайлоодон жылкынын жаясын жиберишет.

Жанды жеп, жалган жебиребейин, жакадагы жакындарың, жоро-жолдошторуң жеген жер-жемишинен жетишерлик жөнөтүшсө жайлоодо жашоо жакшы. Жаның жыргагандан жер жаңырта жарыялайсың: «Жашасын жан жыргаткан жашыл жайлоо!».

2004-жылдын 3-июну.

 

Коен

Күндүн кабак-каш куйкалаган күчү кайтып, күрдөөлдүү коңур күздүн кезеги кубарган кезеңде кабактан коен көрүндү. Килеңдеп, карагат-кайыңдын кабыгын кажый, кериле «карк-карк» кекирди. Күүгүм кирип калган. Кашкарайганда кайгуулдагы кыялы күлүк Кумайык котур ташын койнуна катып келгенби, капыстан курсагы курулдап, кайраты качты.

Күүгүмдүү кечте коркконго кош көрүндүбү, кубаласа Кумайык күлүк куткарбасына күдөрү күдүктөнгөн кабарчы карга коркконунан кайсактай каркылдады:

— Каа-ак! Каа-ак! Каа-ач! Каа-ач!

Куугундан кулакдар карганын кесепеттүү кабарына караганда көлөкөсүнөн корккон коенек карарган калың караганга кире качты. Куугунчу карарган калың караганга кирүүдөн караманча корктубу, кыйпычыктап, кашаттын кабагына камалып калды. Качканды кезере күттү. Кашайып, коңулга кыныгып калган коенек кыска куйругун көрсөтпөдү. Кылайган көзү көрүнбөдү.

Көптөн кийин күнгө кактанган керекарыш кулактарын караганга катып, кыбыла кыядан кылайды.

Кыядан кериле кайкаңдаган кызыл кекилик кылактай кырланды.

Коен капылет келген кыямат коркунучтан коргоно кыялы күлүк күчүккө кыр көрсөтүүгө камынды. Кайыктын калагындай калдайган как карагайды катуулай каккылады. Карч-курч, калдыр-күлдүрттөгөн кыйкуулар коштолду. Калдыр-күлдүр коркунучтан калбаат Кумайык калтырады. Куугундан көңүлү карарып, кумары кайта кумсарды. Кайчылашкан кесеккулактары кылтың-кылтың калчылдады. Көөнү кырсыктап, көздөрү коюлана караңгыланды. Куугунду коюп, кабыргасына кеңешти. Кеңештен кийин көөнү кырсыктаган күчүк кылчактабай куйругун кыпчыды.

Кырчаңгысы кармаган кыраан карга куугандын көңүлүнө, качкандын көзүнө карабады. Кычуусу кана каркылдады:

— Каак! Каак! Каач! Каач!

Күчүк көмөкөйүндө күдүктөнө күбүрөдү. «Куугунга кепилге келген карганын көзү күйдү. Күйгөн көз коркунучтуу. Кой, кепилдин кепини күйгөнчө карынын кебин капка катайын. Коенго куугунду коеюн. Кардымдын кадырына, канталаган көздөрүмө карабай капталдай качайын».

Кумайык качып кетти. Кумайыктын качканын көргөн коен карагаттын кабыгына курсагын кампайтып, күлмүңдөй карарган калың карагандан кылая көрүндү. Кулак какса, курсагы кайнаган, кыялы кызык, кара күчүктүн карааны көзгө көрүнбөй кеткенине кубанды. Күзгү күчүн күлүккө көргөзгөн коенек коркпой кайраттанды. Көлөкөсүн карап кумсарбай, көзү коркок, көкүрөгү кайраттуу кайбардын Кумайык күлүктөн кутулганына көңүлү курсант.

Кумайык каңкылдай караанын көрсөтпөй көздөн кайым кубулду. Качкан куугандан, кууган качкандан кутулуп, көңүлдөрү көкөлөдү.

Капырай, көлөкөсүнөн корккон коркок коенектин кууланган куйтулугу кыялы күлүк, кууганга кичинесинен куштар кара күчүктү коркутуп, кесепеттүү кырсыктан куткарганын кара. Коендун кыйтырлыгына куштарлана кейкеңдей кадам керген карга-кузгун кыраан-каткы күлүп калышты.

2004-жылдын 10-июну.

 

Үчөө

Үлбүрөгөн үрүлдүн үрөйү үңкүйгөнчө Үркүнбай үйүрмө үйүргөнгө үлгүрдү. Үрүлдү Үркүнбайдын үйүнө үргүлжү үлпөттөштөрү үпүп, үкүнү үндөөнү үйрөнгөнгө үйрүлүштү. Үнөмчүл Үркүнбай үчүнчүнүн үлгүлүүсү. Үзгүлтүксүз үпүп, үкүнү үмүтүн үзбөй үндөп, үбөлөгөнүнөн үнөмдөй үлөштүрөт. Үчүнчүдөгү үлпөттөштөрү Үзүрбек, Үмүткө үпүп, үкүнү үндөгөндү үйрөттү. Үйүрсөөк үпүп, үкү үндөккө үрпөйө үксүйүшөт.

Үлпөттөштөр үпүп, үкүнүн үмүттөрүн үздүктүрбөй үпүлөй үндөшүп, үзгөнүнөн үнөмдүү үлөштүрүшөт. Үйдөгү үйүрлөштөр үймөктөгү үңүрөйгөн үңкүрүнөн үтүрөйө үргөн Үшүктөн үрөйлөнө үрпөйүштү. Үрөйлөрү үрпөйгөндөрдүн үстү-үстүнө үйрүлүшкөн үчөө үшүн ала үргөн Үшүктүн үнүнө үрпөңдөшпөй, үйүрсөөктөргө үзүлө үңүлүшөт. Үпүп, үкүдөн үзүрлөрү үзүлбөгөн үчөөнүн үмүтү үйдөй.

2004-жылдын 15-июну.

 

Жашыл жол

Жаныбек жакшы жигит. Жүргөнү жөнөкөй, жасаганы жүрөккө жакын. Жаакташса жагымдуу, жагалдана жаакташат. Жолдоштугу Жамалга жакын. Жамалы жайдары Жамалга жалпактай жагынса жандүйнөң жалындагандай жыргайсың. Жамал Жаныбектин жигитчилигин, жалакайланбай жоро-жолдошторуна жандилден жардамдашканын жактырат. Жаңырган жылда Жаныбек, Жамал жана жанбирге жоролору жетилип, жети жашка жетти.

Жай жайына жылып, жашыл жалбырактар жашоосун жылмалашты. Жетидеги жароокер жеткинчектер жетелешип жаңылык жаратышканы жаткан жолу жашыл. Жаштык жигери жалындаган жеткинчектер жел жүрсө жер жүзүнө жарашыктуу желбиреген желектүү жайга жөнөштү. Жомоктогудай жасалгаланган жашыл жайга жалаң жайдаңдаган жолборс жүрөк жаштар жыйналышты. Жетидеги жеткинчектерди жашы жогору, жалындуу жаштар жетелеп, жашоонун жайнамазындай желбиреген желекке жакын жанашты. Жыйында жашыл жайдын жетекчиси жигердүү жеткинчектерге жашоонун жаңыланып жаткан жаңылыктары жөнүндө жобурап, жугумдуу жубатты.

Желбиреген желектин жанында жоомарт жигит Жаныбек жамалы жайдары Жамалды жоодураган жоогазындарга жайнатты. Жакшылыкка жакшылык. Жамал жанындагы жоомарт жигит Жаныбекти жүрөгү жайнап жоктоду. Жүрөгү жалындаган Жамал жаздын жаштык жигерин, жайдын жашыл жалбырагын, жаш жүрөктүн жалын жуткан жыргалын-— жартыны жарып жеген жан жигити Жаныбегине жөндөдү.

2004-жылдын 24-июну.

 

Таскара

Теңир таскаранын тагдыр-табитине тарпты тартканбы, таң түрүлбөй табакташтарын таңдантып тарпка тап таштады. Табакташтарын табалагандай табити талыганча талпаңдады. Төбөдөн тоо, талаа-түздөгү төрт –түлүк, тай-тулак, тоочул теке-— топоздор турнабайга түштү. Талбады. Талаа-— түздү тегерене турнабайын туш-— тарапка туштады. Тарпты табуудан түңүлбөгөн таскаранын тыржыйган тамаксоо тамагы тим тургузбады. Туш-— тушка талпынтты. Түнөргөн түркүктүү тоолордон томолонуп, турнабайы таштуу тектирге тоорулганда талтөөндөй тарпка табити түштү. Тамактын татынан торго түшпөстүн тейинде таскара тектирдеги тырайган тарпка табитин төрт талытты. Табити тамчылап, талаага топоз тырайганын тааныды.

Тоо тунжурап теребел тамаксоо тарпчылардан тазадай түнөрдү. Тооктун түшүнө таруу түнөгөндөй, таскара түшүндөгү топоздун тарпынан түңүлбөй таңзаардан турган. Түңүлбөгөн тапты. Тапкан талпынды. Тарпчыл таскара табитин ташытып, тапкан тапалактыкы таризде тартайган тарпка тоголонуп түштү. Талпаңдап түзеле талыган топоздун төбөсүнө тасмалын таштады. Төбөдөн тыйынчычкан тобурчагын «топ-топ» төмөнгө томолотту. Тарпчы тыйынчычканга тасмалын тарытпай тултуйган тилинен тартты. Темир тумшугу топоздун төшүнөн тарткылады. Тойгончо тойлоду, таттуу төштөн татты. Томукту тоодой тарткан тасырайган турнабай тазбашын текеберлене тейтеңдетти. Телмире топоздун тарпына тигиле тумшугун түйрүдү: «Түү-ү, тарптын татымы татык тура! Тимеле…татыктыгын, тобо!»

Тойгондо токтунун төшү топуракпы, таскара тарпты табалагандай тепкедей жерге тепкедей тарп түкүрдү. Тукулжуруган текөөрүн топоздун тумшугуна такады. Тартар тилинен тартар. «Тарс!» Тунжураган тоо-таш, токой-тегеректин тынчтыгы таз-тополоң түштү. Тал-терек термелди. Токулгалуу топозун тушап, тектирден Тургунбай туураланды. Топозчунун текебер тайганынын турпаты тарп тарапка тайраңдады. Тарсылдак тарпчыга тийбеди. Таскара табитин тезинен тизгиндеп, тикчийе төмөнгө талпактады. Түпкүчтөй түйүлгөн топозчунун тайганынын тилеги таш тиштеди. Тургунбай тогуз түн таппаган топозун тапты. Таскара тойгонуна тойтоңдосо, Тургунбай топозуна тигиле тултуйду. Туталана тамеки түтөттү. Табияттын, талаа-түздүн тазалыгына туулгандан тик туруп, туурундай тыкан тараган таскара тарсылдакка, так түйүлгөн тайгандын текеберчилигине туталанып-туюкбай, тууруна тууралана талпынды.

2004-жылдын 29-июну.

 

Эки мүшөк момпосуй

Карыя базарга камынды. Мындайда жан эрмеги Нуртай дайыма жанында.

— Нуртайчик, үйдө картөшкө калбай калыптыр. Базарга барып бир кил картөшкө алып келелиби, берекем.

— Чоңата, мен картөшкө көтөрө албайм да.

— Ыя, мурдуңду урайын десе, ал эмне дегениң?

— Азыр кичинемин да. Анан колум да ооруп жатат. –Небере жер карады.

— Колуң жакшы болсо барасыңбы?

— Жакшы болсо балдар менен топ тепкени барам.

— Каа-ап, колуңдун ооруп калганын карачы!-— Чоңата мойну-башын колжоолугу менен сүртүндү. –Күндүн ысыгын, пай-пай, тимеле куйкалап ийчүүдөй ачуулугун, жарыктык десе. Ушундай ысыкта экөөбүз салкын жерге отуруп алып балмуздак жеп, чаңкообузду ширин суу менен кандырып келсек жакшы болбойт беле. Чүйгө кайтаарда сен каалаган момпосуйдан алмакбыз. Эми болбой калдыбы?

— Балмуздак, ширин суу, момпосуй дегенде баланын көздөрү жайнай түштү.

— Балмуздак алып бересизби? Ширин суу ичебизби? Анда барам. Канча момпосуй алабыз?

— Карыянын көздөрү митайым жүлжүйдү. Мойлоосун астейдил чыйратты, сакалын сылады. Небересинин топчудай мурдунан чымчый сүйлөдү.

— Кеминде эки мүшөк болот го?

— Ой-ий, чоңата, андале жыргадык. Эки мүшөк болсо деле мейли, көтөрүп келем. Балмуздагыңызды жейм, ширин сууңузду ичем. Колум да оорубай калды. Анан өзүңүз айткандай, мен эми чоң жигит болуп калбадымбы. Момпосуй, балмуздак жесем дагы чоңоем, күч топтойм. Туурабы, чоңата?

Туура дебеске чоңатанын айласы барбы? Баштыгын алып, небересин жетелеп, жолго чыкты.

2004-жылдын 16-февралы.

 

Багбан

Теребел гүл жыттанган жаз айынын таңында кубулжуп сайраган куштардын муукам обону тоо ичин шаңга толтурган балдардын эмгек күүсү менен коштолду. Бах, десең! Ушундай көктөм айынын керемет таңында мөмөсүн көтөрө албай бутак-шагы жер энеге карай эңилген боору кызыл алма-өрүк, алча-шабдалынын тамшандырган даамын айтып Адашкан карыя жаш багбанчыларды эмгекке шыктандырып жүрөт. Аңкыган түркүн гүлдөрдүн жагымдуу жыпар жыты, тоо суусунун шылдыр күүсү, күн нурунун жылуу илеби, карыянын нускалуу ширин кеби аларды ого бетер шердентип койгондой.

— Чоңата, бу бактын ээси сиз болосузбу?-— дешет алар карыянын ширин аңгемесине тартылышып.

— Адегенде…-— карыя олуттуу унчугат, -— баарыбыз Улуу Теңирдин амири менен бу дүйнөгө келдик. Кийинки жашообузду жердеги аталарыбыздан алдык. Кийин жер үстүндөгү жакшы нерселерди адамдар өз колдору менен жарата башташты. Биз ошо жаратман адамзатынын урпактарынан болобуз.

— Чоңата, биз качан ошондой жакшы нерселерди жарата баштайбыз?

— Тилегиңерден айланайын, силер ошо жолдо баратасыңар. Мобу,-— карыя жаш көчөттү түптөй сүйлөдү,-— бүгүнкү силердин жасап жаткан ишиңер бир учурда тээтиги тектирдеги дүпүйгөн бакты көрдүңөрбү, көрсөңөр, ошондой бакка айланат. Убагы келгенде бакчада куштар сайрап, мөмө бере баштайт. Ал мөмөдөн силер, силердин балдар ооз тийет. Келечек муун бакты кайра жаңыртат. Адамдар жер бетиндеги бейишти ушинтип өздөрү жаратып алууга уста боло башташат. Мындай улуу ишке ар кимибиз өз үлүшүбүздү кошуубуз парз. Себеби, адамзатты суктандырган бакчалар өзүнөн өзү эле жарала калчу нерселер эмес. Ал үчүн бүткүл аалам адамдары бир атанын балдарындай тер агызып, мээнет кылышыбыз зарыл.

— Чоңата, биз сизге түшүндүк. Адамзаттын жыргалчылыгы үчүн ар кимибиз иштөөбүз керек экен. Иштөө биздин колдон келет, анткени мээнет болгон жерде бакыт болот эмеспи. Туурабы, достор!-деди карыянын жанындагы тапан бала.

— Туура! Туура»-— курбулары чурулдап ийишти.

— Анда иш илгери болсун, балдар!--деди жаратман багбан.

— Болсун, чоңата!

— Болсун! Болсун!-— дешти келечек жаратмандар.

2004-жылдын 9-марты.


    Өнөр

Өнөрү өөдөлөнгөн Өмүрбек өспүрүм өтүмдүү өрмөк өрдү. Өрдөк өрдү өрдөгөндөй, өспүрүм өрмөкчү өнөрүн өжөрдөнө өстүрдү. Өкчөлүү өмүр өзөнүндө өрмөкчүнүн өнөрү, өөдөлөнгөндүн өркөнү өөдөлөнгөндөн өөдөлөдү. Өнөрлүүлөрдүн өнөрканасын өкмөт өктөм өнүктүрдү. Өнөрү өркүндөгөн өспүрүмдү өлкө өлчөөсүз өстүрдү. Өркөнү өскөн өрмөкчүнү өгүнү Өзгөндө өткөн өңчөй өнөрчү-өрмөкчүлөрдүн өндүрүшүндө өнөктөштөрү өкүртө өлчөштү, өнөрү өскүдөй өөдөлөтүштү.

Өнөр өзүнөн өзү өркүндөбөйт. Өнөр өндүрүшүн Өмүрбектей өнөрлүү өспүрүмдөр өмүрү өткөнчө өмүрлөрүнө өбөктөш өстүрүшөт. Өнөрлүү өскөндөй өркөнү өскөн Өмүрбек өрмөкчү өлкөсүнө өтөлгөлүү өмүрүн өтөгөнү өтөгөн. Өмүрү өрнөк өнөктөш өнөрлүүлөрдөн өлкөбүз өөрчүп өнүгөт.

2004-жылдын 2-сентябры.

 

Энчи

Эски ноокат элинде эгин эрте эгилет.

Эзелтеден эгилген эгинге эбедейи эзилген Эркебү эне элжирей эңилди. Эркин эжесине эреркий эркелеп, энчисин эртелетти. Эрке Эркинди эжеси экиленбей эркелетти. Эгин -— эккендики, ээси -— эл. Эмгек эпкини элди эргитти. Элет эли эккен эгинин эпилдете эптешти. Элдин элегинен эгин эленди. Эгин эккендер энчиге ээ. Эжесине эркелеген Эркин эгинден энчи ээледи.

2004-жылдын 3-сентябры.

 

Сейилде

Кечки сейилге чыккан Адыл кимдир бирөөнү издегендей апасынын көкүрөгүнөн оңго-солго эңиле берди. Бирок издегени табылбай көздөрү жашка толду. Демейде сүйрөп ойноочу машинасына көңүлү тартпай, апасын этектеди. Кежирленгенден кежирленди. Анан адатына салып ыңаалап ийди. Кой-айга келбеди.

— Карасаң эми, -— апасы баласын соорото албай бушайманданат, -— сыртка чыкса дагы ыйлайт, үйдө олтурса да ыйлайт. Деги, түшүнбөй койдум, бул балага. Болдучу эми. Тиякта уй келатабы?! Коо-куй, бизди мүйүзү менен челип кетпегей эле. Жүрчү биякка.

— Мөө-ө-ө! Мөө-ө-ө! Мөө-ө-ө!

Бала башын чулгуйт. Апасы кол жаңсаган жакты карайт.

— Ыкы! Ыңаа-а-а! Ыңаа-а-а! Ыңаа-а-а!

— Апей ботом, тоо тараптан карышкыр улуйбу? Карасаң, ээ карышкыр, кет ары! Менин балам жакшы, ыйлабайт.

— Аа-уу-у! Аа-уу-у! Аа-уу-у!

Көз жашы көлдөгөн балакай карышкырдын үнүн угуп тынчый түшөт. Агарган тоого көз чаптырат. Карышкыр эмес балакет көрүнбөйт.

— Ыкы! Ыңаа-а-а! Ыңаа-а-а! Ыңаа-а-а!

— Бүгүн эмне болгон сага. Ыйлап эле калыптырсың. Ыйыңы токтот эми, -— апасы чыр баланын көз жашын аарчыйт. –А балким, ажыдаардан коркуп жүрбө? Карачы, асмандан ажыдаар учуп келатабы?

Энесинин сөөмөйү көктү саят. Бала асманга тигилет.

— Ыкы! Ыңаа-а-а! Ыңаа-а-а! Ыңаа-а-а!

Аңгыча маңдайдагы кабаттуу үйдөн бөтөгөй кызын жетелеп жаш эне көрүндү. Кызынын кучагында өзүнөн чоң куурчак.

Эмнеге короо менен бир болуп ыйлап калгансыңар. Адылтай, өзүмө келчи, момпосуй берейин. -— Жаш эне чөнтөгүнө колун салды.

Издегени табылдыбы, бала «тып» басылды. Кубанды. Мурдун «шуу» тартты. Жүзүнө күлкү жайылды. Момпосуйга умтулду. Там-туңдап барып токтоду. Кайра кайрылып өзүнөн чоң «Камаз» автомашинасын сүйрөп жөнөдү. Мына-мына момпосуйга колун созот дегенде кайып өттү. Момпосуй аны кызыктырбаптыр. Кыздын апасы момпосуюн сунган бойдон катып калды. Бала көкүрөгү жарыла кызга бөтөгөй колун сунду. Учурашты. Кулагына бирдемелерди шыбырады. Шыбыр сөз кызга жагымдуу угулду. Бири-бирине назик жылмайышты. Бала кыздын колунан куурчагын алып, машинасына абайлай отургузду. Кечки сейилдеги кыз-баланын жолугушуусу жүрөк толкутту.

Машинага олтургузулган куурчакты тартып баратышкан экөөнү акмалашкан жаш энелер балалыктын дүйнө таануу сезиминин таттуу учурларынан экендиктерин айттырбай туюшту.

2004-жылдын 26-октябрь.

 

Батирдеги күчүк

Согумдун эти баканга илинген. Карышкыр да секирип жете албай турган жерде. Аны билбей напсисин агыткан Бозбаш аттуу итибиз сугун артканын койбоду. Секирип боюн таштайт. Иттин бул жоругу бир эсе таңкалтырса, бир эсе күлкүнү келтирди. Бирок канчалык далалат кылбасын жетмек эмес. Бозбаш деп күчүктүн атын келинчегим койгон. Анткени кичине кезинде башы боз көрүнүптүр. Кийин ит болду. Ага карабай күчүк кезиндегидей эле жакшы көрөбүз. Бөпөлөп эркелетебиз. Короочулугун айт, тимеле. Жат бирөөгө, коңшу-колоңго, мал-жанга башка-башка үн салып үрөт. Үргөнүнө карап үйгө ким келгенин аңдап калчубуз. Багуусу жакшы болуп, итаягы сөөк-саактан арылчу эмес. Тилекке каршы, ит иттигин кылбай койбойт экен. Согумга асылганын токтотподу. Жадаганда тим болот го дегем. Жаңылыптырмын. Өчөшкөндөй асыла берди. Күндүзү айбыккан болуп, жоругу түн кара чапанын жамынгандан башталат. Ошондой кечте терезеден көз салсам короодо килтейген эки ит жүрөт. Экөө тең жолбун көрүндү. Кызык, желкеми кашыдым. Тегеректе короочу итибиз көрүнбөйт. Же көрбөй калдымбы? Эмнеге үрбөйт? Балким, жолбун иттер этке кызганышып чайнап коюштубу. Тилиме тибиртке чыккыр, кансырап жаткан итими элестеткенде жүрөгүм «шуу» дей түштү. Боорум он толгонуп, итими аяп кеттим.

Аңгыча көзүмө Бозбаш урунду. Аяган итим чайналбаптыр, чарчап-чаалыкпаптыр. Секирсе таман алдынан чаң чыгат. Шилекейи чууруган селсаяк иттерге кошулуп баканга бой таштайт. Экөө секирсе бирөөсү, бирөө секирсе экөөсү карап турат. Эптеп согумга жетмектин амалын кылышат. Дүңкүлдөп тынч жаткыргыдай эмес. Эсим эки болду. Аяк-башымы жыялбай короого сүйрөлүп чыктым. Кудай уруп, же колума бирдеме илинсечи. Караңгыда жер сыйпалайм. Акыры бирдеме урунду окшойт. Уруп калдым. Тийгени каңшылады. Килейген дөбөттөр селт чочушту. Кирген тешигинен чыга албай жер тырмалашты. Кыңшылаган Бозбаш артынан куйругун түйдү. Ошончодон мен ыргыткан таш биздин итибизге тийиптир. Түндүн тынчтыгын бузуп, иттердин артынан айгайлап, мен калып калдым.

Ошо чуулгандуу түндөн кийин Бозбаш эл жаткандан кийин келип, таң заардан кетип калып жүрдү. Ит аяк күндүз мелт-калт туруп, түнү бошоп калат. Ошо себептенби, балдарым Бозбашты «батирдеги күчүк» деп жоктоочу болушкан. Кечке талаалап жүрүп, түн бир оокумда гана итаягын бошоткону келип жүргөн батирдеги күчүккө болгон ачуум тараган. Арийне, жолбун иттерди короого баштап кирген чыккынчылыгын кечире албадым. Согумга сугун артып келген кандаштарына кошуп айгактап кууп чыккан мени ал кечире албады. Бирок экөөбүздү түшүнгөн бирөөсү табылып калаар деген үмүт эсибизди оодарып, ушул кезгече жүрөгүбүздү түпөйүл кылып жүрөт.

2004-жылдын 26-октябрь.

 

Камбар тебиш

Илгерки өткөн заманда, тоолору асман челип турган, токой черлүү капчыгайдын чатында кыргыздын бир уруу эли жашайт. Адамдары бойлуу, шар жүрүп, шар сүйлөгөн шайыр болушат. Кокту-колоттон кошулган булак суулары дайра болуп агат. Малдын көптүгүнөн өрөөн титиреп туруптур.

Бир күнү күтүлбөгөн жерден жер силкинет. Тоо жылып, дайра тосулат. Мал жайылган ойдуң жер көл болот. Ага канаттуу куштар, кайберендер байырлайт. Кабылан, жолборс, аюу мекендейт. Көз жоосун алган керемет жайга айланат. Жер силкингенде тамтуң баскан бала Камбар эр жетип, журт башкарат. Токчулук заман келет. Көп жамандык көрбөй тынч өмүр сүрүшөт. Баласы жетилет, жетилгени карылыкка моюн сунат. Кыскасы, ортодон ого эле көп жылдар өтөт. Журт башчысы Камбардын сакал чачы агарат. Жаа жебелер керегеден алынбайт. Найзанын учун дат басат. Кой-эчкиси жапайы кайберендер менен аралашып жайылат. Коңшу элдер менен достук алакада болушат.

**********

Ушундай кой үстүндө торгой жумурткалаган заманда капылеттен айылды жоо чапты. Душмандын көптүгүнөн жер дүңгүрөдү. Кыз-келиндер туткундалып, эр азаматтардын каны суудай акты. Малы түрө сүрүлдү. Сакалдары сүйрөлгөн карыяларды, бели бүкчүйгөн байбичелерди, бала-бакыраны ылгабай жебе атышты, найза сайышты. Кыргын-чабындан боо-боо өлүк калды. Колу маталган журт башчынын айласы куруду. Кулчулуктан бошонуунун амалын таппай жаны кашайды. Бүгүн бошонбосо эртең таптакыр кеч болоорун туйду. Толгонду. Ойлонду. Тобокелге баш байлады. Күүгүм талаш туткундалган тоолуктарды айдап жөнөмөкчү болгондо Камбар карыя «Колунда каруусу барлар даяр турсун. Ыңгайы келгенде бир адамдай кол салабыз, бошонууга аракет кылабыз» дегендей кабар айттырды. Кабар итабар чубалган калың элдин учуна жетти. Бири-бирине эш болушту. Даяр турушту. Белгини күтүштү. Дөңгөлөгү тегирмендин парасындай болгон араба кыйчылдап келип токтогондо журт башчысы желкесинен ныгыра басып турган олчойгон эки желдетти эки жакка учура тепти. Желдеттердин жоо-жарагы чачылды. Көз ачып-жумганча кыргын болуп кетти. Күтүүсүз кол салуудан душман эсин жыялбай ызы-чуу түштү. Тоону каптаган калың көлөкөдөн көрүнгөн караан:

— Кутулганың тоого, тоону өрдөй житкиле! -— деп кыйкырды.

Кутулганы тоо таянды, тутулганы канга боелду.

***********

Тоо таянганы карагайлуу чердин бооруна түндүк көтөрүштү. Кол курашты, күч топтошту. Темир согушту. Жоо-жарак камдашты, күлүктөрүн тапташты. Күндү күн, түндү түн дебей машыгышты. Бел чечпей даярданышты. Көрүнгөн чокуларга кароол коюшту. Согуш өнөрүнө маш турушту. Таң куланөк атпай күзөттөгү сакчы:

— Камбар тебиш! Камбар тебиш! -— деген жар таштайт. Эл бир кишидей чогулат. Жаш курагына карап топ-топко бөлүнөт. Ар топтун өз башчысы бар. Топто темирдей бек тартип өкүм сүргөн. Топтук машыгуунун алдында ортого дайым Камбар чыгат.

— Оо, эл журт! Тоо көргөн, тоо баккан кыргыздын ырыскысы тоодон. Ансыз жашообуз кыйын. Тоодо төрөлүп, тоодо өскөн кыргыздын сөөгүндө тоо кылымдар бою жашай берет. Ошон үчүн бар күчүбүздү топтойлу, аянбайлы. Бөтөн элде, бөтөн жерде кул болуп жүргөн элибизди куткарып келүү тирүүлөрдүн ыйык парзы. Андыктан, күндө машыгуу, аскер өнөрүнө үйрөнүү милдет. Ансыз жоону жеңүүгө мүмкүн эмес. Туурабы?

— Туура, туура! Тийишкендин катыгын берүү керек. Бүгүн бирикпесек, качан биригебиз. Адилет иш үчүн жоого аттанууга даярбыз!-— дейт эл.

— Анда кириштик. Бабалардын басып өткөн жолу сабак болсун! Машыгуу башталат. Шамдагайы кабыланды кулактайт. Күлүгү коенго жетип, мергенчиси кийик шыйрактайт. Күчтүүсү ташты жара тебет. Жебелер бутага сызат, найзалар абада учат. Бутак-шак сынат. Ушинтип үйрөнгөн амалдары жекеме-жеке таймашта, топтук машыгууда сыналат.

Камбар карыя бу согуш өнөрүн Бежинге барганда атасынын кытай досторунан үйрөнгөн. Көп жылдар кыл чайнаган. Башаты бар өнөр. Ал көбүнчө кытай өнөрүнө окшош болгону менен салты, ыкмасы тоолуктарча. Себеби, улуу тоону мекендегендер бөксө жерин толтурушкан, ыкмаларын арттырып, өнүктүрүп турушкан. Улуттук түр беришкен. Көп сыноолордо такшалган бул өнөр ошо доордун кылычы, ийгилиги болгон. Булактын көзүн Камбар ачкан, башатында турган. Ал мерчемдүү жерге тепкенде күчкө толуп турган бука бүк түшкөн, жер сүзүп жыгылган. Бир ургандан турбаган. Ошондонбу, согуш өнөрү «Камбар тебиш» деген ат алган. Ал уруп-согууну гана үйрөтпөстөн, душманга жашырынып кол салууну, чагылгандай тез чабуулду камсыз кылууну, көздөгөн максат-мүдөөсүнө тез жетүүнү үйрөткөн. Ошон үчүнбү, машыккан күжүрмөн аскер жашынган жерден капилеттен чыга калып, сокку урууга, талаа-түздө, токой-черде билинбей дарак менен дарак, чөп менен чөп, жер менен жер болуп жашырынганга маш болушту.

************

Шырп эткен добушка тура чуркаган кабанаак иттер ажылдаган бойдон ың-жыңсыз жоголуп атты. Кайрылып келгени болбоду. Таңкы үрүлдө айылда бир да ит калбады. Жоону жоо чабат дегендей, ширин уйкудагы жоону алыстан ат арытып, адилеттүүлүк издеп келген жоо чапты. Сепил кыйрады, туткундалып кеткендер изделди. Далай сыноолордо такшалган жоо калың колду тайманбай качырды. Кулдукка кеткен элин бошотуп олжолуу кайтты. Түндү түн, күндү күн дебей изин жашырган куткаруучу аскерди душман Алатоонун койнунда черүүдө турган жеринде кууп жетти.

Камбар элинин коопсуздугун карап, бала-бакыра, кемпир-чалды тоого катты. Өзү жүз башылар Күнжүрүш менен Элемандын саркерлери менен калды. Тийип качып, кууган жоонун шаштысын алышты. Камбар тебиш өнөрүнө маш болушкандардын соккусунан ниети бузук кастардын катары суюлгандан суюла берди. «Камбар тебиш!», «Кыргыз тебиш!» деп ураан чакырышты. Ошондо Камбар тебиш, кыргыз тебиш өнөрүнүн касиети жоонун көкөйүнө тийди, үрөйүн учурду. Бу өнөрдүн жаңычылдыгына, жарамдуулугуна, жемиштүүлүгүнө тан беришти. Көптүгүнөн чалгын чалбай адыраңдап из кууп келаткан душмандын алаңказар берендеринин көбү буктурмада тал менен тал, аң менен аң болуп жашынган айлакер коргоочулардын күтүүсүз чабуулунан мертиништи. Акылдарына келгенче көздөн кайым болушкан жоокерлердин карааны душманды жинди кылды. Же көрдөн чыкканын, же көктөн түшкөнүн аңдашпай туш келди жебе тартышты, найза ыргытышты. Бирок найза, жебеден өздөрү гана жапа чегишти. Бирөөнүн жерине келген жоо көптүгүнөн гана чыдады. Алатоолуктардын бир жебеси сая кеткен жок. Жоонун айласы куруду. Минтип жүрүп олтурса жоокерлеринен түгөл ажырап калууну ойлогон жоо тарап куугунду токтотту. Амал издеди. Камбарга элчи жөнөттү. Элчи жекеме-жеке таймашка чакырды. Эки тарап тең макул болушту. Кыргыздар жеңилсе эли кул болот, жери душманга өтөт, алар жеңилсе, душман жоонун башын артка тартат, экинчи кайрылып келбейт. Ушундай бүтүмгө келишти.

Шарт боюнча жекеме-жеке кармашка хандар гана чыгууга акылуу. Жер тандалды. Камбар жоокерлерин жыйнап бир кырда, арты көрүнбөгөн жоо маңдайкы кырга жыйналышты. Ортодо экөө -— куу сакалчан Камбар жана мойну-башы буканын шилисиндей коржойгон, кирген буурадай ажаалданган жаш хан. Добулбас кагылды. Таймаш башталды. Көз ирмемде арка мойнун сындыра бүктөйм деген жаш хандын тилеги таш капты. Кармаш узака созулуп кетти.

— Элиң кул, башың шарап ичкен чөйчөк болот. Мен сенден күчтүүмүн. Сакалыңды бирден искектеп жулуп, тооңу аң, талааңы чөл кылам! Жолума бөгөт болбо, сасыган чал! Жетишет! –деп жаш хан арстандай күркүрөдү.

— Дымагың чоң болгонуң менен өзүң алакөөдөн көрүнөсүң, сыягы. Мен өз жеримдемин. Мени аерден эч ким чыгара албайт. Сенин да күчүң жетпейт. Менин күчүм, касиетим ушул жерде, ушул тоолордо. Алардан эч качан айрылбайм. Сага да бербейм! Анткени тоолор менин Атажуртум, аны эч кимге тепселетпейбиз. Атажурт биз үчүн ыйык. Жоодон күчтүү жоо, баатырдан артык баатыр бар. Биз сенин жер жайнаган колуңан корпойбуз! Сен бизден корк! Кет, Алатоо жеримден! –деди Камбар да бош келбей.

«Өзүңү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло» деген лакап ошондо жаралыптыр.

Кагылыштан тоо силкинди, дарак омкорулду, жер ыйлады. Бири чапса, бири урат, буйтайт. Тараптар ызы-чуу түшүп, ураан чакырышат. Жаш ханга «Жеңем, жеңип келгем. Менден өткөн жеңерман жок!» деген ишеним шыкак болсо, Камбар карыяга Атажурттун деми, элинин ишеними күч болуп берди. Жеңиш өз мекенин коргогон тарапка ооду. Жери үчүн аска тоодой бек турган карыядан өлүк өөдө көрүнгөн хан алакөөдөндүктүн, тажрыйбасыздыктын ашкере өзүн күчтүү санагандыктын айынан күтүүсүз сокку жеп, арка мойну «карс» сынды. Хан мертингенде душман тарап дүргүй түштү. Бирок анча өтпөй жекеме-жеке таймаштын шертин сактаган котологон аскер мертинген хандын сөөгүнүн артынан чубады.

Камбар карыя колун баштап, аттын башын кылымдар бою жердеп келген Сарычелекти көздөй бурду.

2000-жыл.

 

Ким күчтүү?

Күн ысык. Токойдогу жалгыз көлмөнү котолошкон айбанаттар алыстан пилдин карааны көрүнгөндө эле жол бошотушту. Пил үйүрүн баштап келаткан.

— Мени жер үстүндөгү айбанаттардын эң чоңу , эң күчтүүсү деп жасаган сыйыңарга рахмат. Же андай эмеспи? Арстан баатыр, өзүң калыс болчу.

— Сиз айткандай, таксыр! Сиз чоңсуз, күчтүүсүз! Сиз сулуусуз! Ошон үчүн сизди урматтайбыз!--деди арстан мырза пилдин каарына калбайын деген тейде.

— Урматтайбыз! Сыйлайбыз!--дешти токой айбанаттары.

Баятан сууга жетпей өлө чаңкаган маймылдын кыжыры кайнады. Чоң болгону менен акылы жок пилдин акесин таанытайын деди. Ким күчтүү, ким айлакер экенин далилдегиси келди. Дарактан секирип түштү. Чириген дүмүрдүн коңулунан чыйпылдак чычкан кармап, пилдин жонуна кое берди. Карап турду. Чычкан туура эле кулакты көздөй жөрмөлөдү. Кулак түбүнөн «чыйк» үн салган чычкандын үнүнөн селт чочуган пил куйругун чычайтты. Кулактарын чапкылады, тумшугун көтөрдү. Өң-алеттен кетти. Эти дүргүдү. Анан бир бакырып алып, алды-артын карабай, үйүрүн таштап качып жөнөдү. Жардап тургандар таң калышты.

— Келесоолор десе, токой жаныбарларынын эң акылдуусу, сулуусу эле менмин. Биле жүргүлө, жүн баштар!--деп маймыл гана ууртун жалжайтып турду.

Бирок аны эч ким күчтүү, сулуу, айлакер деп айтпады, таазим этпеди. Канткен менен суу баарына жетти. Көлмөдөн чоң-кичинеси ыраазы болуп кайтты.

*******

Чаңкоосу канган маймылды уйку басты. Көзү жумулса эле чиркей мазесин алат. Тырманды. Желпинди. Дарактын кылда учуна чыга качты. Кутулбады. Же мазесин алган чиркей колуна тутулбады. Чиркей аерге да жетти. Айласы кеткенде бака балчака жалбарды:

— Бака балчак, а бака балчак, сенин үнүң керемет ээ? Андай керемет үн жок бу чөлкөмдө. А мобу чиркей дегениң ызылдап токой жашоочуларынын мазесин алды. Сага теңелем деген немени ашка жүк, башка жүк кылбай жоготчу, бай болгур! Анан калса саздын бир эле ырчысы болуш керек да. Кандай дейсиң?

— Бака эчтеме дебеди. Көзүн тостойтуп, карды ачка экенин билгизди. Айлакер маймыл алдына дардайып жата кетти. Маймылга конгон чиркейди бака «лак» сугунуп коюп атты. Курсагын кампайтты. Чаңкады. Өзөгүнө суу алгысы кычап көлмөгө секирди. Жээктен жылан жекирди. Буттары тыбырап саз ырчысы сорулду. Ойт бергенче буту жок байкуш крокодилге тоорулду.

— Бу алдуусу алсызын мойсогон куу заманда ашыкча жаралган эчтеме жок тура. Күнүмдүк тирилигибиз бири-бирибизге чырмалышкан экен. Пешенеге жазганы ушу болсо не кылалы, -— деп маймыл ууртун жыйганча үстүнө тор жайылды.

— Туура айтасың, тууганым. Бу жалган дүйнөдө ашыкча жаралган эчтеме жок. Бири-бирибизди керектегенибиз үчүн жашап жатабыз. Ошондуктан сен эми бизге кызмат кыл,-— деди пенде.

— Макул болбоско чарам барбы?-— деди жаңы тууганы башын шылкыйтып.

*******

Кургакчылык башталды. Көлмө соолду. Асмандан бир тамчы суу түшпөдү. Суусуз, чыктуу тоютсуз жашоо кыйынга турду. Өзөгү каткан токой айбанаттары чекеден өлө баштады. Өлүм эки буттуу канаттуу же төрт бутту айбан экендигине карабады. Өлгөнгө кайгы болсо, карга-кузгунга майрам болду.

Өзүмдү акылдуу катары эсептеген мен да табигаттын бу каатчылыгына айраң болдум. Алсыз экем. Бирок тор ичинде болсом да көлөкөдөмүн. Курсагым ток, кайгым жок. Жаным тынч. Балдарым жанымда. Арийне, токой жашоочуларына кайгы алып келген табигат каатчылыгына эч айла-амал табалбай башым катып турат.

Маймыл чындап кейиди. Үнү кудайга жеттиби эски таанышы үн катты:

— Кейинбе, тууган! Айласын сен таппасаң, адамдар биз табабыз. Аз күндө токой кайрадан көктөй баштайт. Керемет жашоо келет. Анын баарына сен күбө болосуң.

Пенде калп айтпаптыр. Айтканын тезеле аткарды. Арык казылды. Тоо суусун чөлгө бурушту. Аккан арыктан суу акты. Көлмө толду. Бак-дарак көгөрдү. Чөп улуу чыкты. Ач курсак тоюнду. Жайыт кеңейди. Муктаждык азайды. Корукка айланды. Тегереги тосулду. Токой айбанаттары тукум улашып, жыргап калышты. Суусуз өткөн күндөрүн эстегиси келишпеди. Адамзатка токпейил карашты.

— Адам деген, — жалпыбыздын тууганыбыз-маймыл колун жайды, көрсө, жандуунун жанын азезилдин оозунан алып калган кудаанын жердеги периштеси тура! Жашасын адамзат жана жанга жагым климат! — деди биздин сүйүктүү тууганыбыз көктү карап.

2000-жыл.

 

Мекен деген эмне?

Заматта асман түнөрүп, айлана алай-дүлөй түштү. Алай-дүлөйгө себеп болгон кара добул чаң ызгытып, жолунан чыккандын баарын жапырып отурду. Түздөн белеске, белестен тоого көчтү. Жандуунун көзүн ачырбай этек-жеңинен тарткылады. Эзели козголбогон карт дарактар добулдун долулугунан карс сынып, аркы-терки кулап атышты. Шиш чокудан качантан бери жаткан таш кулады. Томолонуп-жумаланып келатып алдынан учураган бак-дарактын бутагын сыйрыды. Жалбырагын күүдү. Чөп-чардын кулагын кызартты. Күүлөнүп келип жол боюндагы топ уйгактын этегин баса жыгылды.

— Өх, жаным! Аман калдым окшойт. Өпкө-жүрөгүмү куушурган тентек шамал болбогондо, тээтиги асман мелжиген тоодон кулап түшөмбү? Көбүнөн бийик турчумун. Асманга жакын болчумун. Көз жеткендин баары менин Мекеним болчу. Уу, сени десе! Эндейип тургандан бөлөк кыларың не? – Чеке-башы томуйган таш тоого муштум кезеди.

— Ай, ай, ай! Мынча ачуулуусуң! Көгөргөн бетпак, сенден качан абат сөз чыкчу эле? Жаралгандан тийген жериңи көгөрткөндөн башка жакшылыгың жок. Сөзүң суук. Мага теңелбе. Мен деген тоонун көркүмүн. Пенденин сүйгөн тамагымын. Билсең мен да Мекенмин!

— Бетегелүү беттеги кызыл сөйкөчөн ышкын ызырына жооп кайтарды.

— Сага эмне жок. Куюшканга кыпчылбай ары тур. Бүгүн барсың да эртең жоксуң. Адамга мына менин пайдам көп тийет. Үй болуп берем, Мекен болуп берем,-— деди көк тиреген карагай акелигин билгизип. Карагайдын сөзүнө карт арча тырчыйды.

— Карагай мырза, ооз көптүргөндөн мойнуң куркуюп, боюң булутка жетти. Бирок дале акылың тайкы. Алакөөдөндүгүңдү койбосоң кара добул бир күнү белиңен мертинтет го, байкушум. Мекен деген мына менден чабылган арча комуздан, арча бешиктен башталат. Мен аларга узак өмүр сүрүүнүн үлгүсү болуп берем, ысырык болуп берем, -— деди теребелге жагалдана жүз багып.

— Ээ, туугандар! Сүйлөйт десе эле тил күрмөгөндү тантый бербегиле. Керек болсо Мекен деген -— мына менмин! – Көкүрөгүн кага үн катты кызыл таш. – Менден адамдар айкел чегишип, Атажуртту кооздошот. Үй салып, түндүк көтөрүшөт.

Быркырап талкаланып кетпей эсен калган көк таш кызыл ташты колдогондой башын ийкегиледи. Баятан улуу-кичүүнүн сөзүнө кулак түргөн уйгак этегин күбүнө текебер унчукту.

— Кудайы коңшулар, андай дейсиңерби, мындай дейсиңерби, ишим жок. Бирок,— бөйрөгүн таянды, --Мен да Мекенмин. Кааласаң карагай-арчаңа, кааласаң итиңе, кааласаң тиги кырда жамбаштап жаткан пендеңе жармашып алам. Мени ким кой дейт. Ошондуктан, мен,-теребелди көрсөтүп,-— жүрбөгөн жер жок. Андыктан менсиз жашооңор курусун. Ачуума тийсе этегими жаздана жаткан көк беттин көзүнө тикенек болуп сайылам. Же мага ишенбейсиңерби?… уу… сени десе!

— Жылуу жай таптым деп ичинен кудуңдап турган таш эрингендей жамбашын көтөрдү. Шамал тынчыды. Чөп-чар, тал-терек күүсүн токтотту. Бузулган турагынан саксына башын кылтайткан кумурска уйгактын кылда учуна чыкты. Чар тарапты суктана карады. Көзгө илинген журтунун ордунда экендигине кубанды.

— Оуу-у-у, менин Мекеним кандай кең! Ушунун баары меники ээ?!

Ушу маалда талаа-түздөн куйругун үзүп, аска-тоодон ызаланып түшкөн шамал аргасыз сөзгө кыпчылды. Күлүктүгүн, долулугун далилдегиси келдиби:

— Ар кимиң ар нерсени айтып башымы катырдыңар, -деди көрүнгөндүн колтугуна башын катып. – А көрөкчө, көптү билген бирөөсүнөн сурайлы. Аны табышты мага койгула. Ошо аныгын айтып, түшүндүрүп берсин, макулбу?

Ошо күндөн ушу күнгө шамал бирде пастап, бирде желе-жортуп, ар кимден: «Мекен деген эмне? Менин Мекеним кайда? Кимиң билесиң, кимиң айтып бересиң?» -— деп сурап жүрөт дейт.

2000-жыл.

 

Бетеге


— Мен баарынан мыктымын. Балдар мени жакшы көрүшөт. Ат кылып ойношот.

— Ыкы, мен сенден жакшымын. Мени татынакай кыздарга салыштырышат.

— Капыстан түндүктөн соккон кара шамал экөөнү жерге жапыра капшырды. Түбүнөн омкоро жаздады. Айласын кетирди.

— Ар ким өз чырайын айтат. Мактаныштан абал, ар ким өзүнө сын көз менен караганы дурус. Антпесеңер мактоодон бузулуп кетишиңер ыктымал, -— деди башы араң эле жерден көрүнгөн коңшусу.

Бетегени угушту. Бирок Кулунчак менен Гүлкайырдын арамзалыгы тутуп, кичине немеге теңелип, улук боюбузду кичик кылып ийилип отуралыбы дештиби, унчугушкан жок. Болбосо акесин таанытат элек деп ойлошту.

2000-жыл.

 

Кулак

Бегемот менен качыр кошуна турат. Бир мектепте окуп, бир партада отурат. Ошондуктанбы, бегемот дайыма качырдын кере карыш кулагына суктана карайт. Себеби, кичине кулагын өзү танат. Кулагынын качырдыкындай жазы жалбырактуу болушун самайт. Муну алдыңкы партада отурган чычкан билчү. Бегемоттун кулакты ойлонуп отурганын көрүп ичи тарып кетчү.

— Беке, качырдын бир кулач кулагын ойлоп мээңди оорутпачы. А көрөкчө куйругумду берейин. Карачы, кандай сонун! Тимеле уйчунун шапалагындай чып-чып этет. Кандай гана оюн-зоокто бийлебе, моокумуң канат.

— Куйруктун кереги жок, -— ашынасы күңк этти.

— Анда ичигимди берейин, -— чыйылдап жалына кетти.

— Кереги жок!

— Деги сага не керек?

— Качырдын кулагы… сыяктуу батперек.

— Болот!-Тажагандай кесе айтты, кичинекей талант. –Бирок, сен мен айтканды аткар. Директор сабак сураганда анткорлонуп кой. Кулагыңды чоет. Унчукпа. Жана чоёт. Телмирип тура бер, ойлонуп ой…

— Себебин айтчы, бай болгур!

— Себеби, кулакты чойгон сайын чоңоет. Тимеле тызылдата чоет. Директор чойгон кулактын чоңойбой койгонун өмүрүмдө көрө элекмин. Түшүндүңбү?! -— деп чычкан жооп табат, калганын айтпай коет.

— Түшүндүм, -— кубанычтан бегемоттун көздөрү балбал жанат, ачып-жумса ачуу жаш ылдый тамат.

Үлгүлүү окуучу катары эртеси чычкандын айтканын аткарды. Апталап сабакка жооп бербей күндөлүгүн «экилерге» матады. Мектептен өйгө шашат. Кызыга кулагын күзгүдөн карайт. Акылы айраң «Качан чоңоет, кызарган шишиги качан тарайт?» Күндөр өтүп, тарашы тарады, бирок бүрүшүп, мурдагысынан да кичине көрүндү батперек парасы… Тызылдап ооруган кулагынын азабын көп эле жеди. Жаны кашайып, чычканга наалат деди. Суктанып жетпей жүргөн кулактан өзүнүкүн артык сезди. Мектепке жөнөдү, ашып өрдү. Кулагын чойгону аз келгенсип, мектептин директору маймыл төрө качырга минип алганын өз көзү менен көрдү. Айраң калды, кашып башты. Ойлонуп тез, бачым басты. «Мени да токуп минип жүрбөсүн. Мен андай кордукка чыдабайм. А көрөкчө качып жоголоюн»,-деп кайран бегемот дайрага боюн салды. Ошентип, жазы жалбырактуу, батперек сыяктуу… кулактуу болууну эңсеген байкуш экинчи мектепке барбай калды.

2004-жылдын 13-декабры.

 

Ким зулум?

Короодон үн каткан кандек тоодон түшүп келаткан карышкырга текебер унчукту. Арсылдап үрдү. Кашабаңды сестентип табасы канды, айланып үйдү.

— Карышкыр, сени жанда жок зулум дешет. Ушу чынбы? Далай төрт түлүк малды ылгабай кырган зулумдугуңдан кашабаң атка конгонуң да ырас. Дагы ошо зулумдугуңду көрсөткөнү жүрөсүңбү? Бирди көрө элегиңде келген жагыңа кайт. Мен турганда түктүүдөн түк алдырбайм!Ав! Ав! Ав! Кет! Кет! Кет!

Чапкан сайын көз чыкпайт тура. Кашабаң кынжыйып, тумшугу кандабай артка кайтты. Ичине таруу айланбай өчөшүп калды, баары бир көрсөтөм деп тополоң-чаңды. Оңтоюн келтирип, кимдин зулум экендигин далилдемекчи болду.

Ишке ашырып ойлогон ойду, кандек бир күнү терең уйкуга кеткенде түн каракчысы желе жортуп короого жетти. Мотурайган кой-козуга бүлүк салды. Түн бейпилдигин бузуп, короонун чаң-тополоңун чыгарды. Кез келгенин жара тартып кете берди, чаңдатып жерди. Аңгыча көзү кызарган түрү суук бөрү кандекти көздөй жылып бараткан ак кочкорду көрдү. Дене бою дүрт этип, жолун торобосо болбостугун сезди. Аттап-буттап заматта чыккынчыга жетти. Алкымдан алса, ордунан козголгондой болду өпкө-жүрөк, боор эти.

— Кана, ким зулум?! Кандек мени зулум дейт. Сен не дээр экенсиң? Айтчы, мотурайган момунум! Азыр адилет сөзүңдү айтпасаң корооңдо тынч жатпассың, миң момун баштаган ак кочкор баатыр! — деп азуусун шакылдатты.

Ыракым кылыңыз, кашабаң төрө! Сизге түшүнбөгөн кандек, анан, анын сөзүнө ишенген биз зулумбуз. Сиз биздин зулумдугубузду басып туруу үчүн жаралган көкжалсыз!-— деди кудайы момун.

Ошондо бөрү башаламан башталган кыргынын токтотуп:

Мына, мына! Айтканым, билгеним туура чыкты! Ким зулум экендиги айгине болду!-— деп улуп жиберди.

Уңулдаган үндөн чочуп ойгонгон кандек атып турду. Кашабаңды такымдан алчуудай авалап үрдү. Карышкыр менен кошо качып бараткан кызыл түлкү табакташынын колтугуна суу бүрктү.

— Каке, ыя, какежан! Неге качып баратабыз? Кандек сенден да зулумбу?! Сен андан коркосуңбу? Кел, кайра кайрылып, акесин тааныталы!-деди куу түлкү.

— Оңбогон гана куу түлкү! Ит тукуму менен кайраштыра албай жүргөн немесиң го! Андай дебе! Кандек зулум эмес, үнү зулум. Эгер анын зулум үнүн уккан малчылар куугун салчу болсо, шорубуз шорподой кайнайт! Ким кимдигин ошондо көрөсүң, ошолор тандайт! Ошондуктан талпагың ташка жайылганча көздөн кайым бололу, антпесек, тумшугуң каңдайт!-деп алды-артын карабай безип жөнөйт.

2004-жылдын 29-ноябры.

 

Өз ырыскың өзүңө

Май айынын ажарлуу таңында айылды суктана карап турдук. Отурган жайыбыз айыл алаканыбыздагыдай көрүнгөн дөбө. Аңгыча салпактап учкан үч карга жалгыз аяк жолдогу чөккө келип конду.

— Каргалардын үч жүз жыл өмүр сүргөнү туура болсо, анда, ал макулуктар биздин чоң аталардын чоң аталарын көргөн болуу керек.

Чоң уулум кеп учугун козгогондой ичинен обон созду:

Адам өлбөс болсочу, эй!
    Өмүр узак болсочу, эй!

— Балким, болсо болгондур. Бабалардын басып өткөн изин далай ирет таптаган чыгар. Кепке ортончусу аралашты.

— Аны менен эмне айтмакчысыңар? – Сөз тизгинин кичүүсү алды. – Ошончо кылымга күбө болуу оңой эмес! Кандай бактылуулук!

— Бактылуулук ушунда жатса анда жыргаган экенбиз. Тигилерчилеп дасмиясын аттын тезегине жайып, тирлигин кылымдарга узарткан бактылуулукту силерге ыраа көрбөйм!

Кесе айтылган сөз, кесе айтылган ойду жаратты.

— Алардын жашоо маңызы ошол, ансыз күнү өтпөйт.

— Ошондой жашоодон, ошондой бактылуулуктан көрө, он беш жыл өмүр сүргөн эшектин күчү адал. Туурабы, ата?!

Өзүнүн тууралыгын менин катышуумда ырастагысы келген балдарымын бирине ата катары айта турган пикирим талашка башкача көлөкө түшүрөрүн сезип үндебедим.

— Ар кимдин өз ырыскысы өзүнө буюрсун. Анын эмнесин талашасыңар,--деди өзүнчө бүтүм чыгаргысы келген ортончусу. – Ошон үчүн бул жалган дүйнө да!

Чынында теребел суйкайып нурун чачып турган. Бир жагынан торгою сайрап, бир жагынан гүлдөрү жайнап… Ушундай ажайыптыктан тирүү жан өз ырыскысын алып, табылгасын таап жатканы керемет өңдөнөт. Торгой жаныбардын жаагын жанып сайрашы, каргалардын каркылдашы өмүр дегендин баасын, жашоо дегендин даамын көз ирмем сайын көкөлөтүп жатпайбы.

— Бу да кудаанын амири. Тезек чокуткан, тарп аңдыткан, бирок астейдил үч кылым аша жашаткан карга менен кузгундун жашоосу көктөмдө келген кубанычын көкүрөгүнө батыра албай ырга кошуп жаткан торгойдун бактысы менен шайкеш келип турганын карачы. Капырай де, өмүрдүн шириндигин, жашоонун кереметтигин! –Ортончу уулум ушинтип айланага суктанып турду.

Көрсө, карга каркылдай, торгой безелене сайрай, табигат чырайынан жазбай, жандуусу жашоого канбай өмүр кечиришкени менен улуу экен. Ошон үчүн жандуунун жашоосу керемет өңдөнбөйбү!

Аңгыча узак өмүр сүрүүнүн пири өңдөнгөндөр тоо тарапка канат күүлөштү. Кенже уулум жерден таш алды.

— Чүү-үш, таш атпа! Балким…-чоң уулум кулагына эңкейе шыбырады. – Ал каргалар улуу Токтогулду көрүшкөндүр. Мукам үнүнө күбө өтүшкөндүр. Күлүгүнүн тезегин далай чачышкандыр. Негизи ушу жаш каргалар сенин урпактарыңды да көрөрүнө бөркүңдөй ишене бер. Андыктан таш атпай жүр!-— деп ичинен кыңылдады:

«Ат арыбас болсочу,
    Жаш карыбас болсочу,
    Жаратканы чын болсо
    Жай-жайына койсочу».

2003-жылдын 8-августу.

 

Коен менен кирпи

Коен менен кирпи кашкулактын үйүнө конокко барууну чечти.

— Кирпи, а кирпи! Кашкулактын үйүнө ушу кебетебиз менен барсак уят го. Андыктан баратып чоң аскадагы сулуулук салонуна кайрыла кетели, ээ?--деген коендун сунушуна ашынасы сүйүнүп кетти. Анткени, кирпи өзү деле көптөн бери сулуулангысы келип жүргөн. Эми шерик табылганына кудуңдап кубанды. Ээрчишкен экөө чоң аскадагы салонго баш багышты. Коен чачын кырктырып, бакырайган көздөрүн боетуп, тырмагын тегиздетти. Кезек кирпиге жетти. Канчалык жасабасын, учтанган ийнелери сайып жиберчүдөй түрдөнгөн ыраңы куник көрүнгөн кебетесине карап, коен көңүл жубатты.

— Эчтеке эмес, досум! Аракет кылдык, колдон келгенин жасадык. Пешенеге жазган тагдырга таарынба! Башыңы көтөр, сага бербеген өңдү мага берген, кудайым. Ии-и, мага деп жатпайымбы,-— аркы-терки басты.-— Мен азыр баарынан сулуумун, көбүнөн күлүкмүн. Менин ааламда жок сулуулугум жаратылыштын ажайып бүтүндүгүн, көз талыткан кооздугун кармап турат. Кирпитай, көтөр башты! Жол биздики, кана, бастык!-— деп көөдөн кере жол баштады мактанчаак алаңкөз.

Тез унаа жалдагысы келбей, коомдук унаага отурушту. Акыркы аялдамага келгенде коенек адатынча жылт койду. Артынан күшүлдөп, жер сүзгүлөп кирпи келди.

— Коенек досум, жолкирени төлөбөй жылт койгон куу жоругуң эмелеки айткан сөзүңө коошпой турат,-— деди маанайы пас.

Түү-үү, иттики! Эсиме жара чыккыр, төлөйүн деп аткам. Унутуп калганымы карачы. А мейли, бу анча деле коркунучтуу эмес, эптеп жетип алдык. Эгер,-— үнү киргилдене жоошуй чыкты,-— билет текшерүүчүгө кабылсак көргүлүктү көрмөкбүз! Чү-үш, асти, ага кез кыла көрбөсүн!

Оозун жыйганча көрдөн чыга калгансып билет текшерүүчү пайда болбоспу. Кудай уруп, анысы кашабаңдын нак өзү болуп чыкты. Түзөп ийрейген бойду, шапеле коенектин кулагынан чойду.

— Ким кимди кармап турат, алаңкөз, аны териштиребиз, болбош үчүн куру сөз! Акеси, автобуска билетсиз түшпөй жүр, тартып каласың айып нечен түр!-— деп ээрчитип кетти. Жарым жолдо калган кирпи ошондо:

«Эх! Алаңкөз досумдун сулуулугу дүйнөнү сактап калуунун курмандыгы болду, ээ»!-— деп кейинип алды, тытып бетти.

2004-жылдын 24-ноябры.

 

Ай карамаган бака

Айбанаттардын падышасы таңатпай жарлык окуду. Асмандагы айды кармап келбесеңер баарыңардын башыңар кетет деп коркутту. Падышанын айтканы эки болчубу, тынч жаткан букаралар чогулушуп жөнөп калышты. Ошо учурда айдын тулку боюна көйнөгү батпай толуп турган чагы экен.

Айбанаттар айды бирде жоготуп, бирде таап жүрүп отурушту. Жыл айланды. Ошол аралыкта ай көп жолу көйнөгүн алмаштырды.

Бир күнү арып-чарчап кайтып келишти.

— Улуу урматтуу арстан төрө, сиз тапшырган жумушту аткара албадык. Бирок жер тоголок экендигине көзүбүз жетти. Ага ынандык. Кай жерден чыксак, бүгүн ошо жерде күнөөгө батып турабыз. Дүйнөнү түрө кыдырдык. Асти, айга алып барчу жолду таппай, убайым кайттык. Таксыр, күнөөгө баткан башыбызды не кылам десеңиз эрк өзүңүздө.

Арстан каарын төгүп кирди. Болот тырмагы жер чапчып, күркүрөгөн добушу үрөй учурду.

— Баарың кетип калып жер айдалбай, эгин себилбей калды. Тиш чукуурга илингидей эт табылбай ачкадан өлүп кала жаздадым. Андыктан баарың бүгүн жем болосуң!-— дегенде токой гүүлдөп барып тынчый түштү.

Токой букаралары каардуу падышанын өкүмүн кыңк этпей угушту. Баштары салаңдап, кимибизден баштайт болду экен деп демдерин ичтерине катышты. Арстан болот тырмагын ташка бүлөп, азуусун айга жанды. Жанына жакын турган буйволду эки чайнап, бир жутканы комдонуп калды. Ошо учурда бака арага түшкөнү барды.

— Урматтуу таксыр, бир ачууңузду мага бериңиз. Менин сизге айта турган сөзүм бар. Сиздин көңүл кушуңуз түшкөн айды кармап келип үйгө отургузуп койгом. Дүйнөдө теңдеши жок сулууну өз көзүңүз менен көрүүнү эңсеп турсаңыз баштап барууга мен даяр!-— Бака колун боорун ала таазим этти.

— Бака, сенин сөзүң эмес, өзүң эч нерсеге жарабаган балчаксың! Башыңа түк чыкканы сасыган сазыңдан карыш чыгып көрбөгөн сен нени билесиң! Буларчылап дүйнөнү түрө кыдырып келгендей жобурайсың да.

— Мм-да, кечиресиз, таксыр! Айтканыңызда калет жок. Табиятыман саякаттоону жактыра бербешимди билесиз да. Бирок теңдешсиз сулуунун үйүмдө отурганы чындык.

— Чындык болсо макул, баралы, көрөлү! Арийне, үйүңөн ай чыкпаса өз убалың өзүңө. Ошо замат башың кетет, тукумуң курут болот. Кана, башта, сасыган сазыңа!

Бака жол баштады. Артынан айбанаттар чубалышты. Же арымы чоң болсочу. Араң дегенде кечинде короосуна кирип барышты. Каардуу падышага сөз кайырган чүкөдөй немени аяп турушту. Бирок баары жабыла карашса чынеле көлчүктө ай жатат, суйкайып. Тимеле керемет! Көргөн көздөрүнө ишенип-ишенбей айдын керемет сулуулугуна суктана да, тамшана да карашты. Дүйнөдө жок сулууну кантип сакадай бою сары алтын бака үйүнө кийирип алганына таңданышты.

— Адатта бизде чырайды чылап ичпейт деп коюшат. А бирок мен тетирисинче айдын чырайын сууга чылап ичем, нуруна киринем. Ошон үчүн көзүм кой көз, үнүм коңур. Жол жүрүп жумуруңуздар катып келди. Айдын чырайы чыланган керемет суудан даам сызыңыздар!

Бака баатыр гана эмес, жанда жок меймандос да экен. Айдын чырайы чыланган суусун аябады. Өзүнүн ширин сөзү менен көпчүлүктүн көөнүн ансайын кызытып койду. Чаңкаган өзөк суу жалгады. Ай менен ойношту. Бака менен журтташ болгондоруна сыймыктана ураалашты. Баканын көңүлү деп арстан букараларынын күнөөлөрүн кечирди.

Ошо күндөн арстан баш болуп көлчүккө келгенде бака менен баш ийишип учураша турган болду. Айдын нуру түшкөн шербет суудан чаңкоолору канганча шимирген мекендештеринин башына опол-тоодой бакыт конду. Айды туткундаган акылмандын зоболосу күн өткөн сайын көтөрүлүп, анын аркасы менен оңолду залим заман, кайыштырган жонду.

2004-жылдын 29-ноябры.

 

Эринчээк конок

Бир күнү карга кумурска менен достошкону келди. Жаңы досу кучак жайып тосуп алды. Дасторкон жайылды. Түркүн чөптүн жыттуу бүрү менен жемиши, ширин дан менен таңкы щүүдүрүмгө толтурулган чөйчөк коюлду. Шилекей чууруду. Мээнеткеч досу коногунан эчтеме аябады. Болгон сый-урматын көрсөттү. А жеп-ичкени келген карга көз ирмемге тынбады, оозун жыйбады.

— Урматтуу каргатай, сен ичип-жеп олтур. Эч тартынба. Кээчетен аягына чыкпаган ишим турат. Ошону бүтүрө салайын, -— деди кумурска бир оокумда кабатырлана.

Карга не демек, дасторкон четинде өзү жалгыз калды. Кулкуну куркулдап, тамактын ширесинен тандап жеп, мына эмесе деп жамбаштап алды. Курсагы челкейип тойду. Кечке олтурду, кумурсканын иши бүтпөй койду. Уйку басты. Үргүлөп, көзү араң эле ачылып-жумулуп атты. А кичинекей досу бирде күрөгүн ала чуркаса, бирде дан, чөптүн бүрүн ташыйт. Буту-бутуна тийбей чуркайт. Акыбети кайтып, көптөгөн кампа толду. Ошондо да тыным албаган кумурсканы карап олтуруп чарчаган карга керилип-чоюлуп, түзөп бойду:

— Ээ, күкөнтай, биртке эс алчы! Арбайып белиң үзүлгөнү калыптыр, -— деп челкейген курсагын сылап койду.

Мээнеткеч кумурска какылдак досу бир жылдык азыгын жеп койгонун көңүлүнө албады. «Макул, эс алса алайынчы»деп коюп күрөгүн таштап, шыпырынып кирди. Чөп-чардын кашегин чыгарды. Каптардын оозун бууду.

— Ыя, досум! Качан жаныма келесиң? Качан чер жаза сүйлөшөбүз? Качан эс аласың? Сени күтө берип чарчадым, эриктим.

— Сабыр кыл, каргатай, аз калды. Балта көтөргөнчө дөңгөч эс алат. Күрөктү таштап шыпырынып киргеним же шыпыргыны коюп кап-кап толтура дан ташый баштаганым -— менин эс алганым. Биз ошентип иш арасында иш алмаштырып эс алабыз, сен ага таарынба! -— деди кумурска досу мурутун жанып.

А карга оорутпай башты: «Кайда барсам менин ырыскым жолдо тура. Кумурска менен достошуп эригип өлүп кетпейин. Анан сөзгө сараңдыгын кантесиң! Шаан-шөкөттү сүйгөн жаным коколой калбасын. Кукентай, жумушуң бүткөндө дагы бир кайрылып өтөөрмүн. Агаче кош бол!» деп караанын үзгөнчө шашты.

2004-жылдын 24-ноябры.

 

Баатырлыкта кичинелик жок

Дене-боюн балкыткан күн нуруна далысын салып жыргап отурган чымын коңшусу качырды көрүп, утурлай басты.

— Жол болсун, баатыр! Күн чыкпай кайдан шашып?

Качыр жооп кайтарыштын ордуна эчкирип жиберди. Колжоолугун алып чыгып, жаш жууган жүзүн сүрттү.

— Үйдөн, Чыке! Мен сага арыз менен келдим. Жайытка бараткан жеримен арстан кармап алып төпөштөп салды. Бүгүн эле дейсиңби! Кудаанын куттуу күнү төпөштөйт. Чоңдугун салат. Кыскасы, күн көрсөтпөйт. Качан көрбө, мага сугун артып жүрөт. Эр көкүрөк жайың бар, арстанды тартипке чакырып койчу, бай болгур,-— деди кудайы кошунасы качыр бугун чыгарып.

Чымындын баатыр дегидей деле түрү жок, көзгө араң илинген эле кичине жаныбар. Бирок кичине болгону менен качыр айткандай эр көкүрөк. Ошонусунан уламбы, дароо макул болду. Суужүрөк кошунасын ээрчитип алып, арстанга барды. Ток этер жерин айтып, арстандын жүрөгүнө кол салды.

— Арстан мырза, биз сизди билебиз. Сизди карап бирөө бышкырбайт. Ууңуз жүрүп турат. Арийне, төбөңүз көккө жетсе да кудайыңызды ойлой жүрүңү! --деди кашка чымын мырзаларча каада күтүп.

— Ойлобосом колунан не келет, кибиреген киңкилдек! Мобу бакзандай муштум тумшугуңа тийсе быт-чытың чыгат, өпкө-бооруң үзүлөт. Ошондуктан экинчи көзүмө көрүнбө!

— Чоң болгонуң менен акылыңыз кем көрүнөт, мырза! Болгону, менден ыракым күткөндөргө тийишпей жүрүңүз,-— деп суранып жатам. Айтканыма көнбөсөңүз өз убалыңыз өзүңүзгө. Кактабай каныңызды сором!

Арстандын чыдамы чыркырады. Башкадан күтсө күткөндүр, асти, чымындан мындайды күтпөптүр. Жини кайнады. Бакзандай оор муштумун ишке киргизди. Урду. Тиштеди. Ырылдады. Тиштерин тиштерине кайрап шакылдатты. Чымын да бош келбеди. Муштумун тумшугуна мээледи. Алы жетишинче сокту. Тепти. Тызылдата чакты. Жин кайнаган көзүнө найза болуп сайылды. Анан көрүп ал кыямат-кайымды. Экөөнүн кармашынан жан-жаныбарлар туш-тарапка чачылды, дыргаяктап үрктү. Көп муштумду арстан жеди. Чымынга сокку жетпеди. Арага түшүп эч ким келбеди. Жеңилип баратканын арстан төрө илгертпей туйду. Убакыттан утту. Куйругун түйүп чытырман токойго кире качууга үлгүрдү. Кантип көкбет чымынга тутулганын билбей калды. Ошон үчүн караңгы жерге жашынды. Артынан кууп жетпей арманда калган чымын токойду жаңырта кыйкырды:

— Арстан мырза, кулагыңызга күмүш сырга! Мындан ары менден ыракым күткөндөргө тийишпей жүрүңүз! Ошондо кечиримдүү болосуз!

Ушинтип, чымындын эр көкүрөк экендиги билинди. Качырга ак кызматын көрсөтүп далилдеди. Көрсө, баатырлыкта кичинелик жок экен. Ишенбесең, чымындан сура. Ошол окуядан кийин арстан мырза чымынды көргөндө эле куйругун кыпчып, токойго кире каччу болгон тура.

2004-жылдын 13-декабры.

 

Жайлуу конуш

Кунаажын ошо күнү адашып кетти. Үйүнө барчу жолду таппай ары мөңкүдү, бери мөңкүдү. Төрт аягы тынбай тыбырады. Коктудан кокту, мойноктон мойнок калтырбай тинтти. Бакыраң көз, сүйкүмдүү музоосунун үнү угулуп калабы деп жерге жата калып тыңшады. Аянычтуу мөөрөдү. Караган-черге тилинди.

Түн каракчысы тоо-ташты күүгүмдөтө боеой баштады. Эчтеме көрүнбөй калды. Үрөй учурган караңгылык коюуланган сайын кунаажындын жүрөгүн коркунуч бийледи. Жылгадан чыккан үндөрдөн музоо кезиндегидей калчылдады. Коркконунан ырайым сурай мөөрөп ийип атты. Тааныш короосунун жытын искей таноосун көккө кезеди. Ана табылат, мына табылат менен токойдун түпкүрүнө кирип кеткенин андабай калды. Тыңдай караса жалгыз көз булакка жете келиптир. Таңдайы катып турса да булактын шылдыр үнүн каалабады. Ары басты. Коркконго кош көрүнөт болуп түбүнөн омкорулган бак-дарактын соройгон дүмүрү, жалама асканын сүрү жалтантты. Алайган көздөрү ансайын алайды. Таноосунан буу сызыла күшүлдөдү. Жадеп үмүтү өчүп баратканда көзүнө бүлбүл жанган жарык чачылды. Сүйүндү. Атыраңдап чуркады. Жетти. Түрсүлдөп соккон жүрөгү ордуна келгенсиди. Каалганы тык-тык какты. Көп күткөн жок. Эшикти азууларын айга жанган жолборс ачты.

— Саламатсызбы, тууган? Адашып калдым. Бүгүн сиздин үйүңүзгө түнөп кетүүгө ыракым кылыңыз, -— деди кунаажын жалдырай.

— Сарала, сенсиңби?!-— кубанып кетти жолборс түнкү конокко. –Кел, кел, төргө өт. Жакшы конок айттырбай келет. Ушинтип ара-чолодо бириң болбосо, бириң кирип турсаң. Билсең токойдогу эң жайлуу, жанга тынч конуш ушул. Учурунда келипсиң, көптөн бери казандын бетин көрөлек элем. Асайын.

Кожоюн кичипейил көрүндү. Бүгүнчө консом, эртең музоомун жанында болом. Экинчи алыскы жайытка чыкпайм деп өзүн-өзүн жубатты. Жайлуу конушка туш келгенине ичинен кудуңдап, кубанып атты. Маалкатпады. Сарала кунаажын төрдөн орун алды. Көңүлү тынчыды. Бирок өзүнүн жайлуу конушунда отурган жолборстун көңүлү тынчыбады. Куйругу бултактап, табитин тамчылаткан түнкү коноктун бакырайган көздөрүнө жүрөгү элжиреп, шилекейи чууруп-чууруп кетип атты…

2004-жылдын 29-ноябры.

 

Ордуңу тап

Талип бирдемеден кур калгансып мектептен үйүнө шашты. Бөлмөсүнө кирип-кирбей китепкабын ыргытты. Кийимин туш келди чачты. Шашып жүрүп нан бурдады. Чөйчөктөгү момпосуйдун бирин алып, бирин коюп төркү бөлмөгө чуркады. Түзөбөй келбет-бойду, атыраңдап келип телевизор койду. Ырдады. Башкага бурду. Экран чарбадагы чырга алмашты. Бу берүүнү көңүлүнө албады. Кайра умтулду, баскычты басканы. Заводдо эмгек кайнады. Аны каалабады. Каналдан канал, кызыктан кызык тандады. Талаадан жейрен качты, бир каналда лөлү төлгө ачты. Көңүлүнө төп келбеди, тырмады башты. Баскычты жана басты. Жарк этип мульттасма көрүнүп, нурун чачты. Издегенин тапты. Жыргады. Талтайып жатты. Үй тапшырмасы унутулду. Чоңэнеси күндөп-түндөп жүн тыткан. Былтыр каттырган сабоосун таппай, небереси мектептен келсе таап берет деп болжоп аткан. Бирок бала укпады же карынын сөзү жукпады. Көркөм тасманын кызыгына батты. Томолонуп-жумаланып, айкырып-кыйкырып көргөнүнө аралашып атты. Аңгыча сырттан чоңэнеси үн катты.

— Талип, сабоону тапчы, балам!

— Сарайда болсо керек, анан табам.

— Такентай, азырың түгөнбөдү же мульттасмаң бүтпөдү. Бачым кыймылдачы.

— Чонэне, кичине күтө туруң, азыр барам. Туруп кетсем тасманын аягын көрбөй калам.

— Апта айланды го айтканыңа.

— Азеле болду, мектептен кайтканыма.

Убакыт күтпөй атын теминди. Сөөгү сыздап, колу муздап же небереси тил албай, не кыларын биле албай байкуш байбичени ой басты. Жемеге кулагы көнгөн, куру убадасына каакым өнгөн эрке, карыны көзүнө илбей диванга бутун асты. Аңгыча апасы башбакты. «Кары кишинин кадырына качан жетесиң?» дегени кулагынын сыртынан кетти.

Ансайын телевизорго ыктады. Колуна гезит кармап атасы кирди, көрсөтмөккө бирди.

— Талип, үй тапшырманы качан аткарасың?

— Азыр аткарам.

— Чоңэнеңдин айтканын таптыңбы?

— Азыр табам.

— Апаң өткөндө гүлдөргө суу куюп кой дегендей болгон.

— Азыр куям.

— Анда неге турасың?

Башын жерге салды, жыласың. Көптө барып атасы «окуйм», «аткарам» деген убадасын алды. Бирок айткан убадасынан баласы ошоерде эле тайды. Анткени алиппе майрамынан кийин жалаң «эки» алып калган. Күндө айтып жалган, жанкечтиликке жетип барган. Көргөн-бакканы телевизор болуп, мульттасмага үйүр алган. Күнү бою түбүнөн кетпейт, же ата-энесинин айтканын аткарып, муратка жетпейт. Жалкоого булут жүк болуп же карыга кол кабыш этпейт. Байкуш кемпирдин жоголгон сабоосу көкүрөгүнөн кетпейт, күндө эстейт.

Ошентип, түн күнгө ооду.Бала шашып бетин жуубай, чайын ичпей, каалгадан каалга тартты.Кечээ ыргыткан китепкабын өзү таппай чоң энеси тапты. Дептерин карабады, канча сабак болоорун санабады. Мектепке келип классын ачты. Отурду. Жанындагы кызга оту жагылды. Көз карашынан апкаарыдыбы, колундагы таякчалар полго чачылды. Аңгыча коңгуроо кагылды, окуучулар күтүрөп класска агылды. Эжей кирип саламдашты, баары менен амандашты. Эне тилдин бетин ачты. Өчөшкөндөй Талипти доскага чакырды. Бала желкесин кашыды.

— Кечээ жарык өчүп калып окубадым.

Эсеп сабагында «Кечээ жарык өчүп калып таякчамды таппадым», сүрөттө «Кечээ жарык өчүп калып пейзажымды тартпадым» деген шылтоо кайталанды бачым.

Мекен таануу сабагында эжейи:

— Кечээ телевизордон сонун мультик болду. Ким көрдү? Айтып берсе «беш» коем. Кана, ким айтат? -— деди.

— Мен көрдүм. -— Талип «шып» колун көтөрдү. –Айтып берейинби?

— Кечээ силерде жарык өчкөн жокпу? – деди кыраакы эжейи.

— Жок өчкөн жок, мульттасма болду себеби.

Класс «дуу» күлдү. Күлбөй турган жорукпу? Жаман адаттын кесири ушинтип тийди. Классташ-курбуларынын шылдыңын башына үйдү. Талиптин ордуна катуу уялган кыз башын төмөн ийди. Бала аны андабай бир-бирден айтып кирди. Жакшы айтты. Эжейи өнөрүн билди. «Беш» койду. Ийгиликтен жүрөгү элеп-желеп сокту. Бу анын « эң жакшы» деген биринчи баасы болжолу. Билимди жаштайынан албаса, кийин кыйналып калаарын чоңдордун сөзүнөн түшүндү.Түшүнгөнүн курбу-курдаштары, негизгиси эжейи туйду.

Бу сапар куру убадасын бербеди. Убада бербей туруп деле опол тоодой жумушту аткарса болоорун ойлоду. Кыз баланын, бала кыздын сезимине арбалды.

Канткен менен телевизор унутта калбады. Бирок окуу менен достуктун, иш менен оюндун ортосуна бүлүк салбады. Ата-энеси ойлонгондой болду, баары өз орду менен бүткөнү, ар ким өз ордун тапканы. Ошол күндөн Талип эң жакшы окуп, чоңэнесине жардам бергенден талбады.

2004— жылдын 15— декабры.

 

Эне

Табиятта ар кандай энелер учурайт. Бири -— күкүк. Анын тукум улоочулук, энелик милдети кайсы бир канаттуунун уясына жумуртка тууп кетүү менен чектелет. Уяга экинчи кайрылып келбейт. Жумурткасын басып чыгарбайт. Бу күкүктүн жашоосу, тукум курут болот дегендикке жатпайт. Ал үчүн башкалар кыйналат. Жумурткасын басып чыгарат. Өз баласындай асырайт. Мээримин төгөт, сүйүп багат. Темир канаты жетилгенде учурат.

Арийне, балапан күкүк энесинин жүзүн, мээримин көрбөй чоңойсо да жетимсиреп калбайт. Жай акыры жылуу жакка сапар тарткан энесинин артынан салпактап жөнөйт. Үйүргө кошулат. Таштап кеткенсиң, таш боор экенсиң деп энесин жектебейт. Чоңойгондо токойдун көркүн чыгара таңшыйт. Жаз чакырат.

Бүркүт да баласына үйрүлүп түшүп багат. Андан анын тукуму мээримдүү, боорукер болуп кетпейт. Ага боорукерлик жат. Кан шүүшүңдөгөн ийри тумшугунан жалтанасың. Бүркүттүн касиети алгырлыгында, күчтүүлүгүндө, жырткычтыгында. Ансыз ал тукум улай албайт.

А карга баласын аппагым дейт. Андан кык чокуган баласы жакшы болуп кетпейт. Кыла келген ишин кыла берет. Залимдик кылат. Алсыздын оокатын тартып алат. Энеси канчалык үйрүлүп түшпөсүн, күкүктөй обон созо албайт. Каркылдап чочутуп турат.

Канткен менен бу жалган дүйнөдө жаман эне жок. Эненин улуулугу -— тукум улоого себеп болгондугунда, баланы эне сүтү менен оозантканында. Жакшы--жаман болуу тарбияга гана байланыштуу эмес. Ал сөөккө, тукумга жараша. Себеби, карга канчалык каркылдабасын, булбул болуп кетпейт же циркте тынымсыз жүгүнгөн аюу акылдуу, адамгерчиликтүү болуп кетти дегендик эмес.

Арийне, булбулдун булбулдугунда, жырткычтын-жырткычтыгында, адамдын адамдыгында эненин ролу чоң. Же андай эмеспи?

2002-жылдын 9-ноябры.

 

Бакыт

Токой жаныбарлары така таап алышты. Албетте, алар така бакыт алып келерин билишчү. Андыктан така кызуу талашка түштү.

— Мен таптым, мен алам. Бириң кыңк этчү болбо, антпесеңер ичиңерди жарам! Көптөн бери кырсыктап, жолум болбой жүрөт. Балким, короомо илип койсом, бакыт табам! -— деди дайыма ачка баатыр кашабаң.

— Мага бергиле, себеби мен баарынан чоңмун! Анан калса жашоомун теңи чээнде өтөт. мага да бакыт буюруп, эртерээк эригиси бардыр тоңдун,-деди аюу.

— Акебайлар, мен эле алайынчы?! Анткени терим жука. Кыштын кычыраган суугунда тон кийип, бакыт нурундай жанайынчы!-— деди сулуу чаарчык.

— Мекендештер, талашкандан пайда жок. Айтылган сөздүн баары ок. Таканы токойдон таптык, демек, ал жалпыбызга таандык. Андыктан токойдун көрүнө жерине илип коелу. Жалпыбызга бакыт алып келет чыгаар, бу жолу,-— деди акылдуусунган тыйынчычкан.

Талаш ушинтип уланды. Биринин сөзүн бири укпады. Аары гана талашка көңүл бурбай четтеди. Кайгыга чөккөн көзүнөн мөлтүлдөгөн жаш төктү.

— Аары, неге кабагың карыш? Тумоолоп калгандан соо болсоң, көпчүлүккө керектүү бирдемени ойлоп табыш,-— деди баарынын атынан багыш.

— Көңүл бурганыңарга ырахмат! Уксаңар айтайын, укпасаңар кайтайын. Таканы токойго илип койсок, бакыт өзү келбейт. Себеби, ал -— орсок. Анүчүн маңдай тердетип иштөө керек. Ошондо жашообуз балдай таттуу болот! — деди аары суук көз карашты тороп.

— Туура сөздө тууган жок! -— шашкалактады аюу. Минтпесем аары балынан бөлүшпөй коет. Аны мен колдобосом, ким колдойт деп ойлоду.

— Аарыбайдын айтканы жүйөлүү. Бакыт жөнеле көктөн түшпөйт экен. Ага пешене тер менен жетүүгө болот тура. Ошон үчүн аары мырзанын айткан акылына көнөлүк, мырзалар.

Аюунун сөзүн эп көрүштү. Балдай таттуу жашоонун үлгүсү аарынын аракетин жакшылыкка жорушту.

— Ырас жолубуз болду. Така таап алдык. Бакыт алып келет деп талашып туңгуюкка такалып калдык. Ушу тапта кимдир бирөө жоготкон бакыт--такасын издеп жүргөн чыгаар. Аны менен ишиңер жок, ар кимиң өз көмөчүңө күл тартып жатасыңар. -— Бышылдап жаш төгүп ийди…-— Такасын жоготкон бечара жылаңайлак шору катып отургандыр. Силер ушуну билесиңерби? Албетте, билбейсиңер! Андыктан ээсин табалы шордууну көп зарлатпай артынан издеп баралы.

Жүйөөлүү акылга көнүштү. Баары түгөл аарыга баш ийишти. Токойду түрө кыдырып, таканын ээсин табууга астейдил киришти. Ынтымак-ырашкерлик күчөп, дарактарга жарыя илишти. Жолборстон сурашты, бугуга барышты. Доңуздуку, жок суусардыкы дешти. Иши кылып токойдо жашагандын бири калбады. Бирок «Бу така меники!» деп бирөө тартып албады.

Күтүлбөгөн жерден түнү менен жойлоп туураланган түлкү токойдун четинде бирөө ыйлап отурган деп кулак кагыш кылды. Балким, ыйлагандыкы болуп жүрбөсүн?-токой жашоочулары ошоякка жылды. Чынеле така токойчунун уулу баккан кашкатайдыкы болуп чыкты. Аны түлкү көргөн, буту ташыркап ыйлап отурган жерден табышты. Сүйүнүп-сүрдүккөн немелер таканы бутуна дароо салышты. Чак келди. Жоголгон такасынын табылганына кашкатай аябай сүйүндү. Так түйүлдү. Кубанычы койнуна батпай койкоңдоп ары басты, бери басты. Бакыт деп ушуну айт, кубанганын карачы! Талашып баштары каткан, издешип суй жыгылган айбанаттардын жүзүнө күлкү жайылды. Токой шаңданып, ыр-күлкү жаңырды. Жүрөк жылыткан бакыттын илеби жүздөрүн аралап, кубанды баары.

Ошондо: «Балким жалпыбыздын үлүшүбүзгө тийген чыныгы бакыттын өзү ушудур» деп ойлоду акылдуу аары.

2004-жылдын 14-декабры.

 

Сабырдуулук

Пил, төө, эшек алыстан жүк тартып келатты. Күн ысык. Баскан сайын чыпылдап моюн ылдый тер акты. Шаарга жакындап калганда, какылдап алдынан карга чыкты. Үстүндөгү оор таңылчактардан буттары кумга батып, жиликтери майышып келаткан экөөнө жан-алы калбай салам таштады, сөзүн баштады. Жанында келаткан эшекти каратып туруп бөлүп салды, күбүрөп ичинен далай ашатты.

— Оо-о, күчтүүлөрдүн күчтүүсү, урматтуулардын төрөсү, саламатсызбы?! Бир шаардын жүгүн тартып келаткан кайратыңызга шүгүр дейбиз. Кожоюнуңуз сапарга аттанганда арпанын арпасын бергендир. Жолдо арыбай-чарчабай биздин шаарга аман-эсен жетип келгениңизге абдан курсантмын! Пил таксыр, кудайым сизге көп жылдарга жете турган күч-кубат берсин!

— Оо-о, салабаттуу төө мырза, салам бердик,алик алыңыз! Эрдиңиз кеберсип, жол түйшүгүн тартып келатканыңыз көрүнүп турат. Бирок алыскы жолдо кожоюнуңуз берген жүгөрүнүн даны кубат болгондур. Шаарга алты кадам калды. Буюрса, муздак булактан кана шимире турган убакыт деле алыс эмес. Кымбаттууларым, куш келиңиздер, биздин калаага!

Карга тумшугу жерге тийгенче жүгүндү. Кайра-кайра саламынан жазбады. Айланып учуп, жолоочулар келаткан жолду улам-улам кароодон талбады. Пил менен төө карганын саламына жетине албай турушту, сапарын улантышып көп макташты кайбарды.

— Ай чыгышынан, адам жүрүшүнөн…Карга саламыңа ырахмат! Бу дүйнөдө кем болбо!-— деди күчтүүлөрдүн төрөсү пил.

— Жан сураса, жан бергендей…Дили ак, саламы түз момундун өмүрү узак болсун! Берекеси төгүлүп турсун! Сага ыраазыбыз!-— деди төө куркуйган мойнун куркуйтуп.

Бечара эшектин дарегине дагы эле жылуу бирдеме айтылбады. Карга кайра аны мыскылдагандай бутун учкаштырып, ылжайып турду. Көч итабар алыстаганда:

— Бирөөнүн акылын аңдабай туруп, берген саламына курсант болбоңуздар, улуу урматтуу мырзалар! Сиздерди сабырдуулукка чакырам!-— деди эзелтеден баарын таңкалтырып келген шалпаң кулак.

«Неге?!» деп пил менен төө артын кылчайып карашса, эмелеки экөөнүн таштаган тезегинин жанына карга дасмиясын жайып алыптыр.

2004-жылдын 3-декабры.

 

Көпөлөк

Керметоодон күн күлмүңдөй көрүндү. Күндүн көрүнгөн көзүнө кубанган карга «Каа-ак», «Каа-аак!» каркылдады. Күкүк күкүктөп, короз кыйкырып коштоду. Кеңдүйнө кыймылга келди. Күн кереметине көпөлөк кушубак керилди. Канат күүлөдү. Көккө көтөрүлдү. Көйкөлө көпкө көкөлөдү. Көлкүлдөп кубанды. Кош канатын күнгө кактай көктө калкыды. Кудурети күчтүү касиетине киринди.

Капыстан көзүнө коркунуч көрүндү. Коркту. Карбаластай калдактады. Каухар көзү кумсарды. Көрсө, көркөмү кооз көпөлөк калдайып көрүнгөн көлөкөсүнөн коркуптур. Кудурети күчтүү кудай коркок кургурду коркпос кылып кубултту. Көкүрөк күчүн көбөйттү. Күчү көбөйгөн көпөлөк каалгып келип кыпкызыл кызгалдактын кырына конду. Кызгалдакка конгон көпөлөктү кетирекей Карыбек капыстан көрдү. Көктөмдө келген кубанычын койнуна каталбай кубанды. Көйкөлгөн көпөлөктү кармалап көргүсү келди. Ага көпөлөктүн кыймылы кызык көрүндү. Кочкул кызыл, кара көгүш көрүнгөн керемет кетирекейге карматпады. Көпкө кубалатты. Кичкинтай курбусунун кудуңдай кубалаганы көпкө кербездене көкөлөгөн көпөлөктүн көңүлүн кызытты. Карыбекти коштоп каткырды. Көөдөнүн кере көкөлөдү. Кетирекейдин кудуңдаган кабак-кашына, кебете-кепширине карап, көпөлөк кичине карматып койгусу келип кетти. Кош канаты калкылдап, күлкүчү курбусунун колуна конду. Кыялы кыйырга кеткен Карыбек курбу-курдаштарынын катарында кербездене кубанды. Колундагы келбети кооз, касиети күч көпөлөктү көңүлдүү карады. Көкүрөгүндө катылган керемет касиетти кадырлашынын кулагына күбүрөдү. Көпөлөк көңүл көтөргөн кабарды кызуу кабылдады. Көп күттүрбөй кайрадан көккө канат күлөдү. Күлкүчү Карыбек калпагын көккө көкөлөттү.

2005-жылдын 14-январы.

 

Жылан

Жамгыр жаады. Жазгы жаандан жаратылыш жаңырып жанданды. Жомоктогудай жашылданды. Жоогазын, жасмин жана жаз жарчысы жалаң жакага жамырап жайнады. Жайкалган жайлоодогу жан-жаныбарлардын жашоосу жаңырды. Жашыл жашаң желаргы жерге жайкалды. Жылгадагы жыпар жыттуу жалбыз жазгы желге жойпулана желпинди. Жакуттай жайкалган жашыл жайлоо жан жүрөктүн жарпын жаза жагалданды. Жаңыланган жазарты жүрүшү жаман жылан жардын жаракасынан жылып жыгачка жармашты. Жыйрылып жылып жалбызга жакындады. Жалбыздын жакасындагы жаракада жагалмайдын жан жыргаткан жайы -— жумуртка жайгашкан. Жыландын жүрөк жыйрылткан жайын жетим жүрүп жетилген жагалмай жаманга жоруду. Жараланган жаныбардай жаалдана жойпуланды. Жыландын жанкечтилигинен жаштайынан жабырланган, жүрөгү жалккан. Жыланга жалбарып жалынган жагалмайдын жоругу жадыбалдай жат. Жыласты жалынып жолунан жазгырды. Жортулу жондонгон жылан жазганбады. Жыйрыла жылды. Жазыгы жок жагалмайдын жумурткасы жумурун жибитээрин жактырат. Жашоо жазмышы жексур жырткычка жалынтты. Жаратылыштын жүлүн жалбырттаткан жазмышында жүртө жойлоп жалаңкыч жалбызга жетти. Жети жумуртка жутту. Жуткан жумурткасы жумурун жибитти. Жумурткадан жук жугузбай жалап-жуктап, жагалмайдын жашоо жайын жайдактады. Жумуру жазыла жыйрылды. Жумуртка жутуп, жумуру жибиген жексур жашыл жашаңга жуушап жатты. Жазмыштын жазасынан жалкпаган жаман жаман жерден жаңылды. Жуушап жатып-жатып жалама жардагы жаракага житип жоголоордо жайлоолоп, жандүйнөсүн жалындатып жүргөн жетидеги Жамалбекке жолукту. Жуткан жутады. Жашоо жазмышы Жамалбекти жолуктуруп, жети жумурткасын жутуп, жазарты жагалмайды жалгызсыраткан жексур жыланды жазалатты.

2005-жылдын 14-январы.

 

Күчүк

Кыш камыктырбай келди. Каалганы каардана каккан кара күчү күчөгөндөн күчөдү. Кыламык көрүнгөн кар калыңдагандан калыңдады. Кыркаар керилген Кырккүңгөй калың карга карк көмүлдү. Кышорто койчунун кичкинтай кубаттары кыштын кызыгына кубанышты. Короону каптаган калың карды күрөгөнгө киришти. Кардан кар каракчысын комдошту. Короого койкоңдото коюшту. Кебете-кепшири калаты каракчынын колуна кере кулач келтек карматышты. Кумайык күчүк күлкүлүү каракчынын кебетесине карап кыткылыктады.

Кычыраган кыштын каарынан калтыраган карышкырдын кубаты кемигенден кемиди. Көгүш кылдуу кашабаң короодогу кой-козуну көзүнө карабай кырууга камынды.

Кырккүңгөйдө кыштаган Кадырберди койчу кечинде коюн короого киргизди. Кумайык кичинекей Кубатбектин күчүгү. Кудай колдогондой короочу.

Караңгыдан коркпогон кашабаң күүгүм коюланган кезде кыраңдан кылак көрүндү. Койду короого киргизди койчунун колунда комузу койкоңдоп, көңүлү көктү карап калат. Комуз кылын кырк кайырган кожоюнунун кетирген кемчилигине күчүк катуу күйдү. Короону күзөтүү кезегинде керемет күчүн көрсөттү. Кыштын катуулугунан куйругу калчылдаган кашабаң короого килеңдей кирди. Куудүйнөгө келгенден короого кас кайбар күзөттөгү Кумайыкты көргөндө кош кулагы какайды. Күтүрөтө кепшеген кой-козуну кырууга каруусу келбей калтырады. Көкүрөгү кайраттуу күчүк кашабаңдын короого кирген кылыгына кыжырланды. Кулагы көтөрүлдү. Корсулдап күчүкчө кейинди:

— Кашабаң, калыстык кылып короомдон кет. Куйругуңду кыс! Качпасаң, кетпесең, кекиртегиңден кылтакка керилесиң!

Кантмек, карышкыр Кумайыктын кайтпас кайратынан коркту. Көп күттүрбөдү. Каары күчтүү күчүк короого кирген кокуйду кеги калгандай кууду. Короодон, күзөтчү кучуктон көңүлү көчкөн көчкүдөй калган каапыр кылчайбай кырланды. Кудай калыс, каа-пырай, катуу келген канкор кырдан кыр калтырбай качты. Күчүктөн качып күлкүгө калды.

Кийинки күнү күн кылайып көрүнгөндө койчу карда карышкырдын казтаманы калганын көрдү. Кардын калыңдыгына, капканга кармалбаган куулугуна карабай күчүк короону кайтарганын, кой-козу кыргындан калганын, кашабаңды катуу кууганын, качканын карда калган кармаштан көрдү. Кажыбас короочулугуна кубанган койчу Кубатбектин күчүгүн күмүш каргылуу кылды.

2005-жылдын 15-январы.

 

Бөдөнө

Береке, байлык-— барик байлаган байманалуу бакта. Бак -— бардарчылыктын белгиси, бардын бейиши. Бейишти багбан бөркүндөй багат, бүлдүрбөй баалайт. Бектемир бабай баккан бадам, беде, бүлдүркөн, байтеректүү бакта башынан булбул, бөдөнө байырлай баштаган. Бөтөгөй барктуулар булуттан башын бултуйткан бүркүттөн бөжүрөй бекинишет. Бачым бекинбесе, берен бүркүт бөктөрө безет.

Бектемир багбандын бештеги баласы Барчынбектин бөдөнөсү бар. Баамчыл бабай баласына бөдөнөнүн баркын билдирип, бапестеп бактырды. Балакай бөтөгөй бөдөнөсүнө беденин бүрүн, буудай, бөйөн берип бакты. Бөдөнөнүн бөөнү бөксөрбөдү. Бабай, бала багбан бапестеп баккан бейиш багынын бактылуу булбулу башын безелене баштайт. Бакма бөдөнө «бытпылдык», «бытпылдык», «бытпылдыктап» бүтүрөт. Бөдөнө бейжай, бейдарек безилдебейт. Башынан бери бекем бекилген баркын бытпылдыктап баяндайт. Барктаганга барк берет. Бүгүнкүнүн бүрсүгүнү бар. Барктуу болсоң багбандай бол, бейиш багын барктаган. Болсоң бөдөнө, булбулдай бол, баркын баалана барктаган.

2005-жылдын 20-январы.

 

Чайканада

Чайканага чайкорлор чогулду. Чайканачы Четинбай чаптырган чабарман Чымбайдан Чалагыз чабанды, Чымкоргондон Чынтемир чоорчуну, Челпектен Чыныбай чеченди чакырды. Чайканачы чыгаша чыгарып чайканага чайкорлорду чогултту. Чакырылгандар чыныдагы чайды чайпалта чайкашты. Чарпаяда челкейген Чыныбай чечен Чалагыз чабанга чалмакей чалды. Чабан чычалады. Чыртылдап чайга чакады. Чатак чыгаарда Чынтемир чоорчу чыныдагы чайдын чамасын чакага чачты. Чачылган чама чырлашкандардын чекесине чачылгандай чыйрыктырды. Чебелектеген чайканачынын чөбөрөсү Чыңгыз Чынтемир чоорчунун чоорун чозду. Чайканачы чырлашкандарга чекесин чүрүштүрбөй чай--чүйгүнгө чардатты. Чыныбай чечен чебердеп чепеңдеди. Чайнектин чоргосунан чай чоюлду. Чогулгандар чержаза чайлашты.

2004-жылдын 29-декабры.

 

Адам болот деген ушу

— Ата, ата! Досбол турду! Досбол турду!

Төрттөгү Нурбол аркы бөлмөдөн чуркап келди.

— Турганына ишенбейм?

— Эмнеге ишенбейсиз?

— Досболдун ушинтип жөнеле тынч турганына.

— Эмнеге?

— Себеби, ал уктаарда аркырап ыйлап, тураарда даркырап турат. Апасын кыйнайт. Бүгүн неге ыйлаган жок?

— Бүгүн анын туулган күнү да, ата. Экиге чыкты.

— Аа, ыйлабай турганы ошондон. Адам болот деген ушу.

2005-жылдын 22-январы.

 

Карагер жорго

Кышкы каникул башталгандан ууга арбалдым. Ара-чолодо мылтыгымды тазаладым, майладым. Кыргоол, кекилик, коендун уусу тоого ашыктырды. Эки күнгө бараткандыктан ошо күндөрдүн жумушун бүткөрүп, үйдөн кеч аттандым. Мингеним атамын карагер жоргосу. Төөмоюндан ылдыйлаганда борошо уруп кирди. Бармактай-бармактай балпайып түшкөн кар бат эле айлананы агартып жиберди. Дүңкүйгөн адырлар заматта ак шейшепке чулганды. Бетке чаба жааган кар көз ачырбайт. Күнгөй бетке өткөндө караңгы түштү. Белбашаттын этегине жармашканда карайлап калдым. Жылкы жаныбар жер тандабай баратты. Буюктурган бороондо чыргай аралап дөбөгө чыктым. Тыңдасам таштан-ташка чабылып аккан дарыя шоокуму угулду. Тизгинди артка бурдум. Колотко эңкейгенде жорго тик жарчадан сойлоп кетти. Чылбыр колумда калды. Үркүп карматпай кетсе талаада калмак экем. Эптеп турдум. Жүрөгүмдүн түрсүлдөгүн бастым. Ээрден жылбышкан куржунду кайра салып, үзөнгү тептим. Жол издеп тик ылдый түштүм, өөдөгө өнтөлөдүм. Ой келди бастырдым. Ошентип жүрүп отуруп жарга такалдым. Артка кайрылууга туура келди. Караган-чер бетими тытты. Жерге жакын болоюн деп жетелеп алдым. Ошондо туюп отурбайынбы, жолдон адашып калганымды. Канча убакыт өттү билбейм, эптеп өйдөлөп, өнтөлөп атып ачыкка чыктым. «Өх!» дедим.

Жолду таптымбы, жокпу, белгисиз. Шамалдан корголоп жоргонун жалына башымы катам. Тоонун алкымындагы койчунун кыштоосуна жетпей же айылга кайра тарта албай ара жолдо калдым. Ачык талаада калып кетсем оңбой калаарымды элестетсем, төбө чачым тик турат. Айлам куруду. Ошондо «Адашып калсаң аттын ыктыярына кой. Жылкы жаныбардай акылдуу жан жок. Керектүү жолду өзү таап алат» деген атамын насааты эсиме кылт этти. Атамын насаатына ишенимим артылды. Кайрадан үзөнгүгө бут койдум. Ичимен кудайга жалынып-жалбардым. Камчы урбадым. Тизгинди бош койдум. «Жаныбарым, кана, жолго түш» деп кулагына эңилдим. Болоор болбос теминип чүү, чүүлөдүм.

Бороонго буюккан карагер байкуш кошкуруп алды да абайлай арым таштады. Көп жүрдү. Далай кар жаады. Тим койдум. Бир убакта төмөн көздөй кадуулай басты. Көп өтпөй жолго түштү окшойт, тикчейген кулагы ордуна келип, басыгы ишенимдүү шилтенди. Жээгинде соройгон карагай, шилби менен жүрүп отурдум. Эки үч кыр аштым. Жайдак капталдан өтүп, кийинки кырды ашканда жат бирөөнүн жытын алган иттин авалаган үнү жаңырды. Иттин үнүн угуп жаным жай ала түштү.

Жылкы жаныбар адамдын канаты гана эмес, куткаруучусу да экендигине ынандым. Аңгыча морудан сызылып чыккан түтүндүн жыты каңылжарымды өрдөдү. Түтүн жытынын керемет касиетин ошондо бир сездим. Бир оокумда таш чырагын көтөрүп чыккан койчу удаама-удаа мылтык атты. Капчыгай-төрдөгү гүүлдөккө улай мен да кубанычтуу унчуктум. Карагер жорго «Келе бергиле!» деген тоо ээсинин үнү жаңырган кыштоону көздөй алып баратты…

2005-жылдын 17-январы.

 

Өнөктөштүк

Зыяпатта отуруп кооз гүлдүү, ачык түстүү кездеме мактана кетти. Катарында даңкы таш жарган кездемелер, түркүн түстөгү жип-шурулар, топчу-ийненин түрлөрү отурган.

— Менин момун пендеге тийгизген жардамым өлчөөсүз. Себеби, кычыраган аязда бирине тон, экинчисине чапан, жазорто бирине күрмө, экинчисине көйнөк болуп берем. А байлар мени өздөрү издеп табышат. Мен болбосом пенде затынын жашоосу курусун. Дүйнө жылаңач калмак. Андыктан мен силердин ханышаңар болууга тийишмин.

— Өнөктөшүм кездеме, болбогон кепти айтпачы!-— деп чырылдап ийди топчу.-— Бирөө бирөөдөн артык эмес. Артыкчылык аткарылган адилет иште. Катарында олтурган өнөктөшүңдү капарыңа албаганыңа капамын.

— Менин пайдам көп тийет, мен кыйынмын дегендерди жактырбайм. Ыйман, уят эриш-аркак. Биринин эле кылы кыйшайчу болсо, экинчиси соо калбайт. Андыктан ыйман-уятыбызды жоготпойлу,-— деди жип чыйрыла түшүп.

— Урматтуу кездеме, бизди кичине, мааниси жок деп бөлбөңүз. Туурасы, биз кудум бир дененин мүчөсүндөйбүз. Анын бири эле кемисе, төрт тарабы келишкен көйнөктүү же күрмөлүү болуу кыйын. Өнөктөштүктүн күчү ушунда!-— деди ийне.

2005-жылдын 19-январы.

 

Балаты

Балаты тоо дарагы. Жылдыздар жерге түшпөсүнө кам көрүп, асман челип өмүр сүрөт, калаты. Ал көк асманды тиреп турган арча баласы. Жайы-кышы жапжашыл көрүнгөн чырайлуу өңүн, жаштык түсүн көктөн алган. Өңүндө жок карасы, оюнда жок карасы. Теңирдин сүйгөн дарагы. Жыл бою жашыл кымкап жамынып керилгенин карачы! Кылымдарды карытып жашап келет балаты…Жыл тоскондо, көк тиреп кооздоп турат аянтты. Анткени эски жыл жаңы жыл арасы ансыз өтпөйт. Бутак-шагын түркүн оюнчуктар кооздойт. Балатыны тегеренип ойноп, белек тараткан аязатасыз, аязкызсыз жаңы жыл өтпөйт.

Президенттик балатынын чыгып даңкы, айыл-апа, жер-жерлерден чакырылды таланттуу балдар-кыздар, окууда көтөрүлгөн баркы. Балакай Досбол ал майрамга алыскы тоолуу айылдан келди. Анткени президенттик балатыга жолдомону окуудагы мелдеште жеңди. Жаңы жыл майрамында көпчүлүккө ырдап-бийлеп, кут түшкөн айылы тууралуу айтып берди, таң калтырып балды.

— Чоңойгондо токойчу болом. Экологияны сактайм. Жаратылышты коргойм, өнүктүрөм. Кыргызстандын капчыгай -— төрүн карагай, арчага толтурам! Атажурттун байлыгын арттырып, Кыргызстанды өзгөртүүгө сөз берем!--дегенде күтүрөтө кол чабылды. Президент колун кысты. Маңдайынан сүйдү. Бала кубангандан көөдөн керди. Себеби жаштын тилегин берет дейт, жаштайынан ойлогон элди.

Келечек балдардыкы экен го! Гүлдөтүп туулган жерди, дүйнөгө даңаза кылганы Теңирдин көзү түшкөн Досбол деген азамат бала атайын алыстан келди. Андыктан дүйнөнү өзгөрткөнү келген балага жол берели. Ага балатынын өңүндөй жашыл жол, бакубат келечек каалап, жылдыздай жайнаткан молчулугун көп терели.

2005-жылдын 15-январы.

 

© Осмонкулов Ж.А., 2005. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 6039