Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Ашымбаев К.А., 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 28 январы

Калканбай Ашымбаевич АШЫМБАЕВ

Күйүмдүү жүрөк

Повесть

Октябрдын таңы алдында жыйырманчы жылдары өнүп-өскөн,өлкөсүнө өзгөчө эмгек сиңирген, педагог-коммунист, партиялык-советтик кызматкер, элдик мүдөө, мамлекеттик кызыкчылык менен жашаган Темирбаев Токтосундун өмүр жолу көркөм жалпылыкка көтөрүлгөн маанайда сүрөттөлгөн

Калканбай Ашымбаев. Күйүмдүү журөк. – Б.: Учкун, 2007. – 209 б. китебинен алынды
УДК 82/821
ББК 82 Ки 7-4 
  А 64
ISBN 978-9967-428-50-8
А 4702300100-07

 

Жаңы доор сакчылары

                                                                                          Кылымдын аты — Өктөбүр
                                                                                              Ырымдын аты — Өктөбүр
                                                                                              Барпы

                                                                                          Бала – бир күн, ал түбөлүк, ал өмүр
                                                                                              Аалы

Басмачылардын күүгүмдө айылды басып киргени андагыларга капысынан болуп калды. Ошол учурда Барпы акын эч нерседен капарсыз атынын тизгинин бош таштап беймарал бастырып келе жаткан эле. Карп-күрп чыга калышкан үй-төрт басмачы тегеректеп алышып, кызыл камчыга салганда азиз акындын заманасы куурулду.

— Кана, басмачыны шылдыңдап ырдабайсыңбы? Кайда сенин өкүмөтүң? Келип көрсүнчү?

— Ээ көр, ажалың жетти, келмеңди айт.

— Кызылдар келбей койбойт. Адебиңди бербей койбойт.

— Алып жөнөгүлө! Көрдүн көзүнө кызылдарын көрсөтөлү. Кызыл-дар дейт тура!

Айылдын алдындагы кургак сайды акындын атын камчылап, кубалап жөнөштү.

— Аттан түш! – Бири акынды төбө талаштыра басып алды.

Барпы жерге түшөөрү менен бири көмөлөтө тепти, туш-туштан дүпө-дүп.

Нарыдан бул басмачыларга кокустан кошулуп калган, эл кадырлаган акынды жанындай көргөн Баймурат өнтөлөй келип:

— Жан соога, баатырлар, өлтүрбөгүлө. Артында калар туяк жок бечаранын, — деп ортого түштү. Баймурат арага түшкөндө тепки токтолуп, Барпы сендиректеп араң турду. “Буларга Шады корбашы катуу табыштаса керек. Анын түрмөгө түшүп чыгып, өзүндөй ууру-бөрүнү топтоп алып, өзөндөгү токойду мекендеп, элди карактап,торпок-танаасын жетелей качканын, Совет бийлигине каршы экенин шылдыңдаган элем. Булар соо койбосу анык. Кудайдын башка салганын көрөөрмүн” – дегеной жылт этти.

— Кана, жетелеп жөнөгүлө!

— Ой баатырлар, жан соога, бечараны тим койгула, артында калаар уул жок.

— Мындайды өрт өчкөндөй кылабыз! – Үчөө жетелеп барып, чепкенин бири чечтирип алды. Бири өтүгүн алмакка жармашты. Мына шилтеп жиберчүдөй кылычын бийиктете көтөрүп, ат үстүндө бирөө турду.

Ушул убакта кырдан мылтык удаа-удаа тарсылдап, басмачылардын үрөйүн учурду. Өтүккө жармашкан басмачынын селдейе түшкөнүн Барпы сезип, өчүп бараткан үмүтү кайра жангандай болду.

— Ураа, ура-а! – деген кыйкырык айлананы жаңыртты. Күүгүм талаш карагерин алкынта чаап, кылычын булгалап, алды жакта келе жаткан Темирбай качып баратып, бура тарта калган боз атчан менен чабыша кетти. Эки-үч курдай кылычтар караңгыда от чагылышып жарк-журк этип барып, боз атчан жалп эте кулады. Качкындар узап барат.

Темирбай айгай салат:

— Алдынан тоскула! – Басмачылар качып да, атып да баратты.

— Ураа – ураа – деген айгай басмачылардын кутун учурду.

Акын атына минип, табасы кана өзү менен өзү сүйлөнөт.

— Кызылдарың кана деп коёт, арсыздар. Мына сага... Кызылдар сары изиңе чөп салып, тилегиңди соолтот.

Мылтыктын үнү алыстан-алыстан анда-санда гана угулуп жатты. Бул айылда жашагандар атышкандагы ок киши тандабайт, бирин-эки кишибизди мандем кылып кетпесе болду деп, бала-бакырасын үйлөрүнө жашырып отурушкан эле, коркунуч алыстаган сайын опкоолжуган жүрөктөрү жай алды. Басмачылар туш-тушка качканда отряд артына сүрө түшүп, айрымын колго түшүрүп, кай бирин жер каптырды.

Таң сүрө ыктыярдуулар чарчап-чаалыгып, домканага жетип жыгылышты.

* * *

Күн нуру адырмак тоолорго тегиз чачырап, жашыл ыраңды ого бетер суктанарлык асемдеген кыязда жаздын ажарын арттырып тургансыйт. Айрыкча быйылкы жаз нары коогалуу, нары дүрбөлөңчүл келип, жеңиш менен аяктады. Дыйкан жаз ык салгандан бери торгойдон мурда дабыш салып, жер-эне менен алек. Не дегенде жер-суу төңкөрүшү калайык-калкты бакытка чулгаган жаңырык салды:

— Эй, кара таман кедей, мындан ары жер, суу сеники, көтөр башыңды, адал эмгегиң менен арттырып ал багыңды! Карап жатпа!

Дал ошол төңкөрүшкө каршы басмачылар ала жаздан баштап, айрым коммунисттерди өлтүрүп, бул аймакты басып алабыз деп Шады корбашынын колу чабуулдап турду. Темирбай баштаган ыктыярдуу отряддар Кызыл Аскерлер менен бириге желденген желдеттерди жер менен жексен этти. Алар кечөө күн-түн дебей күрөш өртүндө болушуп таң атаар алдында гана Домканага күп жыгылышкан. Кыйкас ушул маалда кыштак башынан күйүгө жарышкан үч бала түз эле Домканага келип бир тийишти. А дээрге алдары жок, чарчашкан, бирок жүздөрүн күлкү чайыган, кооптоно караган күзөтчү мылтыгын ийнинен копшоп коюп, таңдана карап калды. Кетирекей тиш, келтек мурундуу, саал ноочо тартканы:

— Командир байке, Темирбай абам барбы?

— Бар, жөн жайбы?

Жыртык кемселчен, башында эскилиги жеткен допу, чолок багелектен чор баскан буту көрүнүп турган, кетирекей тиштүү кара торусу:

— Сүйүнчү айтмак элем, — деди иймене.

Жоокер боюн түзөп, ак жуумал жүзүнө нур чайып, кайыш курун кармалап туруп:

— Сүйүнчү дейсиңерби? Оозуң жакшы тура.

— Ооба... Балдар аптыга жооп кайрышты.

— Энебиз эркек төрөдү.

— Ох-оо, бешик боосу бек болсун, жаңы доордун сакчысы төрөлгөн тура... Сүйүнчүңөрдү беребиз. Ушундай күтүп тургула!, — деп алиги орто бойлуу жаагы шимилген, балдарды жылуу ырайда тосмологон жоокер дарбазадан кол жаңсап чакырып, аяр дабыш салды:

— Жолдош командир! Аа-а жолдош!

Эмне дейсиң дегендей башын экчеди.

Тээ нарыдан жаңы гана көз жыртып, катар-катары менен бүкүлү бойдон уктап жаткан ыктыярдуу аскерлердин арасынан суурулуп чыгып, дене боюн ойготуп алмакка анча-мынча көнүгүү ойноп жаткан он башы бирдемеден шек санаган кыязда салмактана басып келди.

— Ассалоому алейкум!

— Алейкума ассалам, — деп он башы шадылуу колу менен сакчынын колун кысканда

— Сүйүнчү, аба, эркек балалуу болупсуз, — деди жүзүн нурлантып.

Такай калбаат тартып, оңойлук менен үндөбөй турган командирдин калың каштары тикийе түшүп, ак жуумал дидары күлүмсүрөп, көзү учкунданып, дабышы дирил какты:

— Болсун, үкөм, болсун берейин. Сүйүнчүлөп бирөөлөр келдиби?

— Үч бала келди. Сыртта турушат.

Командир ай-уйга келбей, үстү башын саал-паал чойгулаган болуп, башын какайта чоң дарбазадан өтө бергенде үч бала алдынан утурлап:

— Аба, сүйүнчү, энем эркек төрөдү, -деди тигил экөөнөн саал кырдуу көрүнгөнү.

— Айланайын, берекелерим, — деп алардын ар бирин кош колдоп көтөрүп, бооруна кысып жыттап-жыттап алды.

— Атайлап жүгүрүп келишкен тура. Ар бириңе бирден улак энчилеп берем, — деп бажыраңдап, көзүнүн кычыктарын жылтыратып, демиге үн катат. Анан кетирекей мурун баланы сол капталына ыктап:

— Айланайындар, жанымда тыйын-тыпыр жок эле. Түн бою басмачылар менен салгылашып жүрдүк. Алар Совет бийлигин орнотпойбуз, кедейлерди мурдагыдай кулча жумшап, жерибизди кайра тартып алабыз деп жатышат. Бизге Кызыл Аскер тирек болуп, Шады корбашынын колун жапырып салышты. Алар безе качты. Бирок алардын тууган-уруктары бар, биздин каерде экенибизди кабарлап, тамак-аш жеткирип турушат. Силер дагы эртең эле эр жетип, Кызыл Аскердин катарына кошулуп, чек кайтарып, эл коргойсуңар. Акча берип алдап, Домканада кимдер бар, ыктыярдуу отряддын үйлөрү кайда деп сурап келсе: “Билбейм” дегиле. Мыкаачылар түн бою жортуп, мал уурдап, бей-бечараларды коркутуп, кыз-келиндерди ала качып жатышат, сак болгула, шектүүлөрүн байкап калсаңар Домканага кабар салгыла, — деп сөзүн бүтүрүп, боюн түзөп:

— Эми баргыла, ыракмат, канаттарым, — деп бажырая күлүп, аскердик салтка салып, алардын ар бири менен кол кысышып кош айтышты. Мыйтыйган колдорун кысып койгондо ар бир жаш жүрөк дүрмөттөлгөндөй, алар дагы Кызыл Аскердин катарына илингендей сезим тула боюн жалын серпилтти; кыялын ташкындатып, асманга канатсыз учурду.

Береги жети-сегиз жаш чамасындагы балдар сүйүнчү айтмакка келген Домкана Совет бийлиги орногон соң басмачыларга каршы күрөшкө көмөк этмекке Биринчи Татар бригадасы келген. Нак ошол жыйырманчы жылдары үй-жайы жок кишилерге тамдар салынган. Кай-кай жерде аскерлерге жайлар курулган. Ал эми береги узатасынан курулган көп бөлмөлүү там аскерлердин жатаканасына ылайыкталып тургузулган. Атканасы өзүнчө, курал-жарактарын, азык-түлүктөрүн сактай турган жайлар өзүнчө эле. Эл аны өз тилине ылайыктап Домкана аташкан.

Дал ошол жыйырманчы жылдары байлардын, көпөстөрдүн ашыкча эгини, малы, соко шаймандары алынып, колунда жок кембагалдарга берилгенде Барпынын маңдайы жарык айыл-айылды кыдырып ырдаган эле:

Өңкөй турган кембагал
    Өгүздүү болуп каласың,
    Жетинбеген кембагал
    Жердүү болуп каласың,
    Алы кеткен кембагал
    Аттуу болуп каласың,
    Ачка жүргөн кембагал
    Аштуу болуп каласың,
    Каныңды соргон байларга
    Эми даңктуу болуп каласың...

Өң жаштар, ышкыбоздор бул ырды ооздон оозго алып, аймактын аяк-башына жел менен кошо таратышкан. Оо, ошол кездеги кедей-кембагалдардын дымагы артып, кайраты ташкындап турган учур эле. Коммунистке катталып, ыктыярдуу отрядга өткөндөрдү айтпа. Ар бири өкмөттүн нак кишиси болуп, дедек атып, кат-сабатын ачышып, айтор жаңы доордун каалгасы кенен ачылган. Ошондо Темирбай ири алдыда иниси Ашырбайды шерик этип, санаалаштарын топтоп, жер коом шериктигин ачкан. Беш-алты кожолук кошула калып, энчисине тийген жерди айдап, эгин эгишкен. Аларды көрүп, быйылкы жыйырма үчүнчү жылдын жазында беш-алты дыйкан топтору иргелип чыга келишкен.

Темирбай коммунистке өтүп, он башы болуп, аскерче кийинип, беш атар мылтык асынганы: “Кара таман кедейге калыс заман келет деген ушул”, — деп калк камына карамы артты.

Мезгил агымында калк өмүрү менен доор сели жуурулушуп, өзөнгө куйган дарыя сымалданат. Дал ошол учурдагы адамдардын жашоо-тирлиги, ой санаасы, максаты жана өлкөсүнө сарптаган өмүрү – доор күзгүсү делинет. Доорго татымдуу эмгек эткендерден нарк жана салт калат эмеспи.

...Сакчылар алмашкан маалда ноочо келген, көгүлтүр көз офицер ыктыярдуулардын башын курап түнкү чабуулду корутундулап, ага баа берип жаткан эле. Картаны жайып коюп, сөзгө кирди:

— Нышанбаев отряды чектелген убактан мурда озунуп чабуулга өттү. Басмачылар дароо сезип, качып жөнөдү. Биримкулов отряды душманды пулемет менен тосо албай, кылыч менен чабышууга өттү. Ошентип көбүн качырып койдук. Артынан кууган отрядга көмөкчү күч жиберели, — деп эки жагына алмай-термей көз жиберип: “Кимиңер баатырсыңар?” дегендей суроолуу жүзүн тосту.

Четте олтурган, жупуну кийинип, көзгө кунук көрүнгөн, орто бойлуу жигит:

— Жолдош командир, түндөгү чабуулда биз атактуу азиз акын Барпы Алыкуловду өлүмдөн алып калдык. Болбосо сайга жетелеп барган басмачылар тындым этип коймок. Пулеметтун огуна караганда акындын ар бир сөзү душманды да, ага кубана карап, колтук ачкандарды кошо мерт кылат, — деди ою үстөм чыккандай тегерегине короздонгон кыязда көз жиберди.

— Туура айттың, жолдош Кимсанов, ал акындын ырларын биз далай эшиткен элек. Жаңылбасам Темирбай минтип айткан:

Кол салган душман тура албай
    Артын көздөй качкан күн...
    Душмандарга — арман күн
    Советтерге  — дарман күн.

— Ап, бали, — деп жоон жолпусунан келген Тешебай алкан чаап жибергенде башкалар да баш уруна кошулуп кетти.

— Кыргыздын түшүн жоруйт тура биздин командир, — деп топ арасынан бирөө дабыштады. Командир Харисов боюн түзөй берип дегени бул:

— Жолдоштор, большевиктер партиясынын Борбордук комитети Туркестан автономиялуу обласка жөнөй тургандарга атайын көрсөтмө берген. Ал мындай: “Ар бир командир кайсы улутка барса ошол элдин тилин, үрп адатын билгендей болсун” деген жарлык чыгарылган. Биз татарлар, ногой, башкыр, өзбек, кыргыз, казак баары түрк тилдүү калкпыз. Бизге тилмечтин кереги жок. Биз боордош элбиз...

Харисов орус мисалдуу, кырктар чамасы дегендей куракта, көзү көк, куйкум сары, чап жаак, кырдач мурун катиңки тарткан, ийкемдүү офицер. Граждандык согушка катышканын аңгемелеп бергени бар. Нары шайыр, нары өзүнө катаал, өзгөчө жумшак көрүнгөн командир тыныга келгенде:

— Жолдош командир, Ысмаилов Темирбай досуңуз эркек балалуу болуптур, — деди жоокерлерди күлдүрүп жүрчү Жоробай ырсая күлүп.

— Бешик бооңуз бек болсун, дос, куттуктайм. Совет доорунун сакчыларынан болот экен. Кана колуңду бер, деп Темирбайды бооруна тартып, төштөшө оң колу менен далысын таптагылады. – Уулуң өмүрлүү, өзүндөй барбалактап төгүлүп-чачылып турган, социализм курган адамдардан болсун!

— Ыракмат, — деп Темирбай көзүнүн кычыктарын суулантып, алкаарга сөз таба албай мукактанат.

Демейде деле тилинен чаң чыкпаган, кептин куйругун үзгөн өндөнүп, маалкаткансып сүйлөгөн мүнөзүн командир билип калган. Ошол себептен ага эл алдында чыгып сүйлөй турган, адамдардын ички сырын тартып, таалим-тарбия берер иш жагдайында милдеттерди тагат. Көбүнчө адамдарды уюштура билип, ар бирине назар оодарып, жакшы сапаттарын баалап, кемчилигин айтаарда көпчүлүктөн ээндетип алып, жан тарткан ырайда айтышты үйрөтөт. Харисов өзү Москвадан келген. Орусча газеталарды такай окуп, күнүнө бир маал саясий маалымат берет.

Большевиктик партия командирлерди бир айлык курстардан өткөрүп, педагогика жана психология, философия, экономика сабактарынан дарс окуп, ар тараптан көмөк этишке аздыр-көптүр баш тоголоткон.

Революция маалында ашкан билими болбогондор, кат сабаты жоюлбаган акыйкатчыл адамдардын коомдук аң-сезими жогорулап, эл тагдырына күйүп-бышты. Андайда ар бир адамдан жан дүйнөсү жалпыга таалим болду.

— Жолдош командир, досуңуз жентек берсин, — деп Жоробай сол колун сыраңдатып, арсалаңдап болбойт.

Командирдин саргыч иреңи кубула түштү.

— Жолдоштор, сиздерден өтүнө турган бир иш – эскинин салтына салып, өтө эле чыгым боло бербеңиздер. Ачарчылык, каатчылык бир жагынан кыстаса, басмачылар капыстан качырып кирип, мал-жанга залал келтирип жатат. Бул жагын да ойлогула. Эми силер элди басмачыдан эле коргобой эски жарамсыз салттан, караңгылыктан алып чыгып, жаңы турмушка үндөгүлө. Илим-билим, маданият жана агартуу жагын, өзгөчө балдарды тарбиялоону унутсак келечек коомду кура албай калабыз, — деп оң колун бийик сермеди.

Жоокерлер келерки иштердин максатын болжолдоп туруп, жай-жайына тарап кетишти.

II

Ыктыярдуулар эки-экиден айыл-айылга тарашты. Темирбай сары тору атына минип жатып, ичинен кудайга жалынат.

— Кудай ушул көзгө көрүнгөн жаманымдын боосун бек кылгыдайсың. 
Санаа дегениң сапырылып алса, асман айга алып учту дей бер. Ушул эле Темирбайдын Ырысы көптү төрөдү. Бирок тагдыр бирин да калтырбады. Кара торусунан келген, катуу ишке камбыл, эл айткандай керки-чоту колунда; бал татыган кермек даамдуу сөзү оозунда; тагдырдын бергенине сүйүнбөгөн, алганына күйүнбөгөн; катаал күндө кабак-кашы түйүлбөгөн зайыптын бири. Деги ошондой зайыптар таш түшкөн жеринде оор болуп, чагылган оту урса да ордунан оодарылып койбойт; акыры “ошол жердин алтын ташы” деген атка конгон; орою актан жаралган уул-кызды тапкан; намыс антын акыретке дейре каткан ошолор го. Андайлар жоктон май көл, сүт көл этип, айыл-апа башын кураган, баскан изинен ырыс-ыйман булаган; сыртка чыгып эрдин ишин, үйгө кирип аялдын оокатын жылдырган; ак жайыл көрпө атанган да – Ырыстар. Ай, жылдап айнек күзгүгө каранбай, дилинде, абийириндеги күзгүнү түздөп, эл көзүнө акылман-сулуу атанган да – Ырысжандар. Ошол себептен Темирбай чоң үй, чоң казан атанып, ким болбосун дасторконунан даам татпай, ак бата айтпай кайткан жан болгон эмес. Экөөлөп алмай-термей тер агыза эмгек эткендиктен жер-эне ийип берет, эчкиси эгиздейт, чырпык-талы сегиздейт, ошентип кедейлиги билинбейт. Көптү төрөп, бирок жүрөгү саал үшүй түшкөн эне күн-түн кудайдан зарлап тилегени – табылган наристенин эсендиги. Ырым этип, суук көзгө көзүктүрбөй, балалуу-чакалуу бабыраган үйгө да “сатып” көрдү. Жентекти ошол “сатып алгандар” жегизет; элге “жаман уулдуу болдук” дегизет. Айыл-апага уу-дуу эттирбей, астыртан ырым-жырымына аттанып түшкөн колу эмсек, ким болбосун жүрөгүн төшөп, эмдеп-домдоп жиберген акылман-энелер наристени бапестеди. Андай күндөрдө Темирбай да жалгыздап, кетменин колунан түшүрбөй, эгин камында. Ырас, буларга соко тийген, кабырга туугандарга өгүз, Ашырбай инисине ат, айтор андан-мындан кураштырып, кош чыгарышты. Бир топ, бир топтору биригип, Өктөбүр берген ырыс-таалайга көөлгүп, кыйкас маалында, жердин чыгы кургай элегинде тукумун чачып калбаса, түшүм кайда. Баса, топтошуп, ынтымак курашып, жер жырткандарга үрөн таратып жатканы жарды-жалчыны бакытка бөлөгөндөй туюлду. Албетте, таптакыр бекер эмес, күзгү түшүмдөн өлчөмдүү үлүшүн кайрып бермей.

— Мындай заманды көргөзгөн Иленинге ыракмат, жер алган кедей салык төлөбөйт тура, ирденип алгыла деген тура, — деп Жоробай дөң тараптан жар-жар эте заңкылдайт.

Айтор, кайсы бир күнү кантон тараптан каттаган уполномочин:

— Жолдош Жоробай, Сиз дөбөгө жакын турат экенсиз. Темирбай, Ашырбай, Матилер болуп, күнүгө болгон окуядан маалымдап турасыңар. Эки-үч күндө бир жаңы кабарды Домканага канткомдон жеткирип турушат, — деп табыштаган.

Ошондон баштап орто бойлуу, ким болбосун тил табышып, сырлашып кетмей адаты бар, алып-учуп турган, оокатына тың Жоробай беймаал, айыл ичи магдырап турган учурда, мына-мына малды бадага кошобуз деп күтүнгөн учурда дабышын күчөтөт:

— Кадырлуу жолдоштор!, — деп баштайт. Кантон тараптан келгендер “жолдош” деген сөздү такай айтып, ошол сөз аркылуу маданияттын, жаңылыктын желин соктургандай сезимге бөлөшөт. Ооба, “жолдош” деген сөз нары ийкемдүү, нары адамды бойго тартып, улуу-кичүүнү да, кызматкер менен кара таман кедейди да тегиз урматтаган маани туйгузат.

— Кадырлуу жолдоштор, кечөө Жалал-Абаддын өзүнө трактор келди. Эки сокосу бар, өзү жүрөт, жер айдайт. Андай трактор бизге да келет, жашасын Совет өкмөтү!,  — деп айтып коюп, айланага кулак түруп калат. Ошол кезде бул чөлкөм эми гана жаңы турмуштун алгачкы нуруна балкып тургандай, ошону ири алдыда өзү гана сезип жаткандай дымактанат.

— Ээ, деги ушунун айкырыгынан жадап бүттум. Баланы ойготпогой эле, — деп, Ырыс капааттанат. Таңкы уйкуда наристе уктаса деп көксөйт. Бирок уулунун ойгоноор маалы болот. Темирбай такай таң заарынан туруп алып, тирлигинде жаны тынбайт. Бала кезинен калып алып калган жана бир күнү ошол кыймылынан танса, күнү бою талыкшып, тула бою бошоп, тамакты жарытып ичпей беймаза болду дей бер. Неге ошентет, аны таңазар этпейт. Дене бой ийленип, булчуңдар чыйралып турса, жүрөктүн булчуңдары кошо күчтөнүп, ал тургай мээнин булчуңдары да бошобой, сергектенип турарын, ошондон улам эрк жаралаарын түркөй калктын түшүнмөгү кайда. Ал эми күнүгө ойго каныгып, акыл ойлоп турса, эстүүлүк жаралаарын кара дыйкандын туймагы кайда дейсиң. Быйылтан бери элде сөз бакканы дөңгө отуруп алып, салт-санааны саймедирей берип, акыл-ой калчап, келип кеткенден эл-журттун кабарын угуп, кайтчуларга акылман сөзүн, асыл оюн туйгузуп, ак батасын беришкен. Совет бийлиги орногону тарбия-таалим жаатын, үгүт иштерин сөзмөр чечендерге, акындарга ыйгарган. Аларды аттап-тондоп жамаат-жамаатка аттандырып турушту. Алардын бири — Темирбай. Ошол себептен үгүтчү Жоробайга сөз айталбай, аны акырын айкыр дешке акысы да жок.

Темирбай малын тескеп, майда-баратын жайгарып, жүзүн чайынып, үйгө киргенде уулу ойгонуп, эмчек ээлеп жаткан экен. Атасынын келгенин туйдубу-ай, же курсагына бирдеме бардыбы – ай, эмчегин таштап, Темирбайдын эркелеткенине арсалаңдап күлүп берди. Ак саргылын чалган, каштуу уулу күлүшүп калган. Ырыстан мурда чоң энеси кызганат:

— Баланы көп күлдүрбөгүлө, уктай албай түшүнөн чочуйт. Огеле баласаак экенсиңер, — деп кез-кез тыйып коймою бар. Бул саам чоң энеси жумуштап үйдөн үйгө кеткен ыраңдуу, дабышы билинбейт. Анан калса абалтан бери ата-бабадан калган салтта ата-энесинин көзүнчө өз балдарына өмөчүктөп, эркелетип жибериш чекилик өңдөнчү. Ошол салттан улам Ырыс менен Темирбай уулун ушунча күндөн бери ээн-эркин эркелетип көрүшө элек. Эмчек эмизген соң чоң энеси абышкасынын эски-уску киймине чулгап алып, упчуну колунан түшүрбөйт. Эчкинин сүтүнө даамдуулап, ун кошобу, куйрук майдан тап бердиреби, айтор небереси менен алек.

Бул саам Темирбай уулун эркелетет:

— Ток-то-сун! Оо, Токунтай ... Баб-баб...

Айылдагы кадырлуу, үрөн-бутактап өскөн адамдын бири:

— Мындан ары Алла өзү жар болуп, баланын боосун бек кылып, токтомдуу болсун, аты Токтосун болсун, — деп асан чакырган. Ошентип ырым-жырымдан улам Токтосун атыкты.

Темирбай уулун колуна алып, жыттагылап, жалынып-жалбарып, али жыйнала элек төшөгүнө жантая кетти. Ушул арада Ырыс сыртка чыгып, очокко чай асты. Үйдөн кобур-кобур үн эшитилет. Ырыс ал тарапка кулак тосот.

— Карааным, берекем, кудай ушунумду аман коюп, баягынын тукуму дедирткей эле. Жаңы доордо ушунум бир өкүмөт болгой эле. Темирбайүп ополномочун болду дедирткей эле. Ушунумду Харисов: “Элдин сакчысы болсун”, — деп бата берген эле. Аман жүрүп, баягынын уулу адам болгон тура деген атка конгой эле. Темирбайдын тукуму жакшы чыгыптыр деген атак алып бергей эле. Берекем... Караа-ным...

Ырыс каалгага жөлөнө калып, ата-баланын эркелешип жатканын көрүп эт жүрөгү элжиреди. “Темирбайдын тукуму мыкты чыгыптыр” дедирткей эле деген сөз Ырыстын заманасына алоологон от жакты. “Артында орою актан жаралган тукум калган тура”, — деген сөз байыртан бери үрөн-бутактап келе жаткан тукум баба сапарын улап, улуу көчкө аралашып, алгалап баратканын сездирет го. Бул ата-эне үчүн ырыс-таалай эмеспи.

Темирбай чалкасынан түшүп алып, тырнактайын төшүнө кондуруп, анын мыйтыйган буттары төшүнө тийген сайын жалынып-жалбарат. Уулу арсалаңдап күлүп бул жарыкчылык ата-балага бөтөнчө мээр төгүп, ал тургай Теңирдин өзү да күндөй бийикте туруп алып, көөдөндөрүнө ыйык от түнөктөтүп жаткансыды. Дал ушул көрүнүш Ырыстын жан дүйнөсүнө айтып бүткүс керемет жазын жаңыртып, сезимине бейиш сымал ыракат тартуулады. Береги эркелешип жаткан экөө анын жүрөк толтолору өңдөндү. Экөө тең анын жүрөгүнө батып, кан менен кошо жан дүйнөсүнө чынар теректи сайып өткөндөй болду. Алмустактан бери агылып келе жаткан ар бир кожолукка түшөөр кут төрүндө коюн-колтук алышып, төшкө тепкилеше эркелешип жаткансып туюлду. Анын карасур өңүн нур чайып, жан дүйнөсү арашан болуп, толкуп-ташып, башына бак уялагандай жыргал сезими жаралды. Ал гана ата-баланы ырыс-кешикке бөлөп жатканына сүйүнүп, көзүнөн кубанычтын жашы бурчактады. Жүрөгү алеп-желеп болуп, үчөө гана бийикке көтөрүлүп калкып бараткансыды. Көзүнүн кычыктарын сүртүп:

— Берекелерим, ырыстарым, — деп жиберди.

Ата-бала аны эшиткен жок, дале кубанышып, дале күлүп жайнайт.

Ырыстын көз алдына куттуу үйдөгү жыргал дал ушул көз ирмемде байкала калып, жалт берди.

III

Жарды-жалчыга дес тийгени, азыноолак шаймандуу болгону аларды эмгекке эт-бетинен кетирип, ирдентип сала берди. Там салып, мал багып, жер коом шеригине киргендер үрөн жаатынан, ат, унаа жаатынан көмөк ала коюп, тирлигин түрлөнтүп алышты. Алды саан уй, төрт-беш эчки, бири-эки кой күткөндөрү андан. Айтор, эл тоюнуп, адеми кездеме издей баштады. Айрыкча жаштар жаңы доордун күн санап жаңырып баратышына куштар. Сабатсыздык жоюуга жапа тырмак киришкиле деп, үстөкө босток айтылганы менен латын тамгаларында басылган окуу китептери жок кыйынчылык күч алды. Латын тамгаларын колдон колго көчүрүп алып, окутуп жүргөндөр бир айлык даярдоодон өткөн нары дилгир, нары сезгич адамдар эле. Ошолор гана айыл айылга келип, кат үйрөнөбүз деп дедек болгондорду Домкананын тегерегине, же дөң-дөңгө чогултуп алып тамга таанытат.

Латын тамгасын кабыл ала электен мурда Айдараалы молдо шакирттери менен араб тамгасын үйрөтө башташкан. Бирок ал нары татаал, нары машакаттуу эле. Ошол себептен чукулунан латын тамгаларына көчтү. Буга айрыкча Ишеналы Арабаев, Хусеин Карасаев баш болгон билимдүүлөр, Касым Тыныстанов өңдүү кызыл профессор атыккандар чапчаң киришип, чоңдор үчүн алиппе жазууга киришти. Кыргыз тилин окутканга окуу куралдары камдала баштады. Сегиз жаштан он төрт жашка чейинкилер сөзсүз түрдө башталгыч класстын маалыматын алышсын деген чечим Кыргызстан обкому тарабынан кабылданды. Айтор, күндөн күнгө маданий-агартуу жана билим берүү тармактарын кеңири кулач жайдырмакка иш чаралар көбөйдү. Мындай учурда жер-жерлердеги ыктыярдуу отряддардын командирлерин, жер коом шеригин уюштургандарды, Совет бийлигин чыңдашууга катышкан коммунисттерди жапырт тартты. Ошолордун ири алдында Темирбай менен аялы Ырыс экөө бар. Коммунисттердин аялдары кыз-келиндер арасында жаңы доордун агымын түшүндүрүп, караңгылык капасынан бошотушка көмөктөш болушсун делинген чечим да чийилген. Ошол себептен Ырыс жана бир тобу аялдар өкүлү болуп катталып, жыйында үгүт сөзүн айтмайын коюшпайт. Кантон тараптан:

— Элди чогултуп тургула,— деген кабар жетсе чоң калаанын оң ыптасында турган айылдар ириде дүрбөшөт.

Бүгүн дагы Таштакка элдин жыйналып жатышы – нак ошондой жаңылык кабарды эшитүүнү эңсегендер. Дөбөгө топтолгон калк эки бөлүнө отурушкан. Эң бийигинде Айдаралы ажы баш болгон атка минерлер, үгүтчүлөр, күрөшчүлдөр. Андан берилеп келгенде өң кедейлер, арасында кулакка тартылбай калган бай-манап тукумдары, жаштар жыйылган.

Дөбөнүн күн батыш тарабына мүлдө зайыптар: балдарын бөксөлөп жүргөн, бирин ээрчитип, бирин бооруна кыскан. Бар даары жасана кийинип, жагалдана суйсалып турушат. Мындай жыйындын башын бош кетирбей, элди ынтымакка үндөгөн өңдүү үгүт иштери угузулат. Андайда сөзмөр чечендер, нарк, салт билген адамдар гана сөз алат, кеп салат. Сөзгө жок, кеби чалчык, ою тантык ургансайларга жол тийбейт, не дегенде, кебинен жаңылып калса, оозунан мүдүрүлсө, узун элдин учуна дейре шакаба-айыңга кабылат. “Сөзү өлгөндүн — өзү өлгөн” болуп, экинчи ирээт эл алдына чыга албайт.

Мындайда Айдаралы ажы гана кеп узатат. Жаңылыкты жардап, элди абийир-ыйманга багыттаган икаясы арбын. Не дегенде, араб тилинен которулган диний-агартуучулук хикаялар басылган китеби койнунда. Ошондон маселдете элди муютат. Кантон тараптан келе тургандар саал кечигип бараткандан улам Айдаралы ажы имам Аззамдын туулган күнү тууралуу хикаяны баян эте баштады. Имам Аззам жаш кезинде булак боюнан алма таап алып, эмне кылаар айласын таппай туруп калат. Окуя ушул жерге келгенде дөңдүн шили тарабынан үч атчан келип салам айтып калышты. Булардын бири – бул чөлкөмдө алгачкылардан болуп коммунистке катталган Файзуллаев. Ал граждандык согушка да катышып, басмачыларды Кытай чегине дейре сүрүшкөн кара сурунан келген, боз кител-шымы менен кийген; маңдайы бийик боз шапке. Партиялык кызматта жүргөндүн баары ошондой жасанышкан. Нак ошол сур кител-шымдын элге тымызын туюнткан сыры бул болсо керек деп Темирбай өз оюнда божомолдойт: “Калайык-калк, биз жарым-жартылай аскер тартибинде жүрүп, күн-түн мамлекет тагдырын ойлоп, кыраакылыктан кыл жылбайбыз. Биз антка бекпиз, жан жыргатып, байлык күтүштөн жаа бою качабыз. Биз жаңы доордун сакчыларыбыз, кордолгондордун коргоочусу болобуз...”

Темирбай ичинен ушундай ой жоруп, өзүнө да боз кител таап алды. Бирок башында топу, күрөң шым, боз кендир өтүк. Сыртынан өкмөт чалыш болгону менен ичинде бар — наалыш, кат сабаты толук ачылбаган, кол койгонду гана билет. Кай бирөөлөр гезит да окуп калган. Ушул жагынан арманы күч. Бирок кетмен колунан түшпөгөн кара дыйкан жер-эне менен сырлашканга ниети тартып туруп алат.

Келгендердин кадырлуусу азиз акын Барпы. Ал Темирбайдын колун бекем кысып:

Басмачынын колунан
    Сууруп алган Темирим,
    Арам дүйнө күткөндү
    Жулуп алган Темирим,
    Союз кошчу танабын
    Баамдап алган Темирим,
    Отряддын башчысын
    Колдоп жүрсүн Теңирим! — дегенде Темирбай акынды бооруна кысып алкап, кабаттап төшөлгөн көрпөгө жай алдырды. Акынга ат кошчу болгон жигит учурашып, четтеп барып көчүк басты.

— Ардактуу меймандарыбыз, бир аз дем алып олтура туруңуздар деп, дөбөнүн чок ортосуна төшөлгөн көрпөлөргө кол нускады.

— Биздин Айдаралы аксакалыбыз ар дайым элди акыйкат актыкка үндөй турган хикаяларды айтат. Жанатан бери баштап келип, токтоп калды эле. Ошол сөздүн аягына жете уксак деген ой бар.

— Жакшы болот, айта берсин, — деп Файзуллаев ишендире дабыштады. Темирбаев жайдарыланып:

— Аксакалым, сөз өзүңүзгө тийди, — деди да Ырыс жакка баш ыргап, белги берди. Ырыс бир аз аңдап туруп, дөбөнүн батыш тарабына салынган тамына жөнөп берди.

Аксакал айткан имам Аззамдын аңгемеси мындай эле. Ал жигитчилик кезинде токойго келсе булак аркылуу бир алма агып келет. Аззам аны ала коюп суктанып, бир тиштеп, чайнап жуткан соң шириндигине таң калат да Алла алдында өзүн күнөөкөр сезет. Бирөөнүн алмасы агып келсе, аны бирөөдөн сурабай туруп, Алладан кечиргин деп өтүнбөй туруп, напси агытып, жеп жибергенине өзүн кудай алдында күнөөлүүмүн деп сезет. Санаага баткан Аззам булак бойлоп жүрүп олтурат. Максаты алманын ээсин таап, андан кечирим сураш керек эле. Кыйла убактан соң багбанга кезигет да болгон окуяны баян этип, кечирим сурайт. Алиги багбан бул жигиттин өтө акыйкатчыл, абийир, ар-намыстуу экенин баалап, ага кызын берет. Айдаралы молдонун дабышы бийик эле, ал аңгемелеп жаткан учурда эл жапырт ышкысын төгүп уккан. Молдо оозун жыйып алганда Ырыс да Токтосунду ээрчитип түйүнчөгүн колтуктап, аялдардын арасына кошулду.

Эл кулак түрүп калган маалда баятан бери башын жерге салып, кулак төшөп турган акын эрдин жалана берип:

— Молдолор аттуунун ичинен Айдакемдин ниети ак, ыракмат молдом, хикаяң мени да толкутту деп келип, сыңар тизелей берип, төгүп кирди. Окуянын өзөгү бар, бирок адилдик, чындык, теңчилик кыйла жерден тосулуу турганын, аны азап-тозок, кайгы-касирет менен жеңиш керек экенин төгүп-төгүп алды. Акыйкатчыл адам ар убак азапка түшөөрүн, бирок акыр түбү жеңиш ал тарапта экенин жыйынтыктап бүткөндө көзүнө жаш алгандар жалаң жарды-жалчы эле.

Ушул арада Ырыс түйүнчөктү Токтосундан көтөртүп атасына жиберди. Темирбай оролгон чүпүрөктөн кара чепкенди алып чыгып:

— Акын аба, ыракмат, жаңы доордун жарчысы, калайык-калкты кадимден бери келе жаткан каада, салт, наркка каныктырган өзүңүзсүз. Алдыңызга күлүк тарта албадык. Ушуну жамынып коюңуз, — деп чепкен жапты.

Акын топу кийген кара каштуу беш-алты жашар, ак кубасынан келген уяңына тартып турган уулун беттеп, алакан жайды:

— Ургаачыны көрсө уялып турган, улууну урматтап, кичүүнү ызааттап, өзүнөн мурда өзгөгө ылым санаган адам болот экен уулуң. Үрөн-бутактап өссүн. Совет бийлигин ушулар улап кетет, — деп батасын айтты. Эл кошо дуулдап:

— Элдин таалайына жараган уул-кыздарыбыз көбөйө берсин, — дешти.

Мындан соң Файзуллаев алдыда колхоз курулушу болоорун, мектеп ачылып, башталгыч билимди сөзсүз түрдө алышаарын; сабатсыздык жоюу турганын, балдарды окутканга жай, каражатты калк өздөрү таап, жардам этээрин баян этип келип, бул убактылуу гана кыйынчылык экенин, бара-бара балдар бекер окутула турганын, жетимдерге интернат ачылып жатканын, китепкана, кызыл үй, мектептер салынаарын айтып өттү.

Эл дымып, собол салгандардын оозу жабылган кезде шакаба сөзгө жүнүнөн жата калган Жоробай дабышын шаңданта деп турганы:

— Акын аба, биз жигит кезде сиздин “Буракжанды” анча-мынча ырдап, жарпыбызды жазаар элек. Бүгүн сиздерди келет экен деп эшитип, такалуудан тай калбай жыйылып, ырыңызды самап турабыз. Аялдар теңдиги деп, алар дагы бир капшытты бербей олтурат. Адамдын көөдөнү чаңкап, чөлдөп туруп алат экен. Атайы келипсиз көөдөндө көрөнгөңүздөн көңтөрө төгүп бериңиз, — деп суранды.

Акын башын көтөрө берип, көзүн бардап-бардап алып, кош тизелеп чөгөлөй калып, эки колу менен тизесин таянып туруп, оболу кедейлерге кайрылып, колхоз курганга эмитен кам көргүлө деп үндөп бүткөн соң төгүп-төгүп жиберди.

Пайдасы терең илимдин
    Паркы бар, ойло билимдин
    Душман болсо алыста
    Калканчы болгун элиңдин
    Акыл-насаат жагынан айландырып келип, “Мөлмөлүм”, “Ак-Дилбар” деген ырларынан нөшөрлөнттү.

Топурак-Бел, Шыбак-Бел
    Каттап жүрөм Бурак жан
    Калың элге жарыя
    Мактап жүрөм Бурак жан
    Белек алдым бир сага
    Сактап жүрөм Бурак жан

Эл аябай ыраазы болуп, колунда барлар тыйын-тыпыр чогулта коюп, ыракматты кош кабаттап туруп, акындын алаканына салды. Ал дагы жетине албай алкай берди:

— Ырыс-кешиктүү болгула.

Меймандарды Темирбай үйүнө түшүрүп, коноктоп, колго багып жүргөн козусун көтөрүп чапты. Мейман келип калабы деген кыязда каткан-уткан тамак-ашын Ырыс жайнатты. Кантон тараптан келгендерге деп эки шише арак каттырган. Ошондон бир аз айландырган соң Барпы акын маңдайдан терин сүртүп салып таңшып кирди.

Кантон тарап акынды бир катар аймакка жиберип, үгүт-насаат жагын ырдап, асыл ой берметтерин төгүп келсин деп аттандырмайын койбойт. Совет бийлиги орногон күндөн акындын багы ачылып, ыдык көрсөткөндөрүн ырга салып, шакабалап, өчүн алып келет.

Темирбайдын үйүнө кут түшкөндөй Ырысжан будоого түшүп, бар ашын бабы менен бышырып, ак дасторконго коёт. Токтосун менен Кадырбегин босого тарапка отургузуп койгон. Айрыкча Токтосун акынды кайра-кайра суктана карап, ырды жамгырлатып, чечилип олтурганына таң. Өзүнчө кыялга батат: “Көзү көрбөсө, акын кантип баарын байкагандай айтып жатат. Ырды кантип табат? Баласы канча? Көзү качан ооруган?” – деген өңдүү суроолорду атасына беришти ичинен камдай берди.

Айтор, эс тартып калган балага береги карт адамдын жалын сымал бирде жалбырттап, бирде басаңдап турушу кереметтей туюлду.

Токтосун акындын көзү көрбөй калганына кейиди. “Кимдер анын көзүнө доо кетирди экен?” – деген өңдүү суроолор аны бушайман этти. Мурда эч капарсыз, эч санаасыз ойноп жүргөн баланын сезимине аёо жана боор ооруп, жан тарткан ой түнөктөп алгандай болду.

Акын дасторконго бата тилээрде:

— Темирбайым, сени Болотум, Шерим десем эп келет. Мени басмачылар өлтүрүп коёордо силердин отряд ажалдан алып калды. Эми минтип үйүңдөн ак даамыңды татып олтурам. Советке сендей шерлер керек. Совет – жарды, жалчынын таалайы. Өмүрүң узак болот экен. Келин балабыздын жан дүйнөсүндө күйүп турган шам бар тура. Ал шам биздей карылардын көөдөнүн ысытып турат. Балдарың өзүңдөй өкмөт болот. Ушул басыгыңдан жазба, кудай сага дөөлөт берсин, оомийин, -деп алкады.

Булар узап кеткен соң Токтосун акын туурасында аябагандай көп суроолорду берди. Атасы билгенин, укканын, көргөнүн айтып келип:

— Кудай мындай адамдардын оозуна ырдын кенин сала берген. Көзү кароо болуп алысты көрбөгөн менен көөдөндө көсөмдүк касиет бар. Акын сага; “Уулуң өмүрлүү болсун, элге карамдуу болсун, өкмөт болсун”, — деп бата бербедиби. Айтканы келсин, — деди.

Ырыс дагы эки уулун алмей-телмей эркелетип:

— Балдарыма батасы тийсин, — деп каниет этти. Үчкө караган Кадырбеги бул окуяны элес-булас кабылдагандай болуп турду.

Кез-кез Токтосун жалгыз боло калганда үйдүн дубалынан акындын ыры жаңырып тургандай сезилчү болду. Анын саал каргылданган кубаттуу дабышы кай бирде кулак учунда жаңыра калат.

Жаратылышы өтө сезгич, нары назик, нары байкагыч адамдардын денесин катуу дабыш, кут учурар айкырык өңдүү коогалаңдуу окуялар сестентип, терисин титиреткен өңдөнтүп да жиберерин медицина илими да далилдеген. Ошол себептен андай адамдарды өлүм-житимдеги ачуу чаңырыктардан оолак алпарып, өрттүү жерге жакын жолотушпаган. Не дегенде, ошол жүрөктүн үшүн алаар окуялар анын жан дүйнөсүндө гана эмес, тула боюнда да эки-үч күндөп кармалып калаарын баамдашкан. Өтө сезимтал, жашык, боорукер адамдарга суук кабарды сездирбеген. Ал тургай байыртан бери элибизде жүрүм-турум, жорук-жосун жана сөз кудуретине аяр карашкан. Суук кабарды алар комуз же кыяктын күүсү аркылуу угузушкан. Сөздү сылык, сыпаа жана табышмактатып айтышкан. Сезгич жүрөктү чочутуп алар, калп сүйлөөр, көңүлдү муздатып коёор жорук-жосундан арачалап келишкен. Баскан-турганы жайкы желдей жүрөккө жумшак урунган, кыймылы, ийкеми адамды куштарлап турган келин-кыздарды тарбиялашкан. Тарпылдата басып, таркылдап сүйлөгөндөрдү “төө таркы” аташып, чогулуп баш кошкон жерлерде четтетип коюшкан.

Атактуу акындын Ырыска баа бериши да ушундайча эле. Айтор акындын бул чөлкөмгө келип-кетиши жан дүйнөнүн жаңырыгына себеп этти. Аны ар бири өзүнүн кудуретине, баамына жараша баалады.

Айтор айыл-айылга маданий жаңылыкты таркатуунун ар түркүн жолу колдонула берди. Бир курдай “молодеждор” деп аталган жаштар айылга кызыл байрак желбиретип келишип, шыгыр айтышып, чогулган элге гезиттен окуп беришти. Аларды бөбөктөр ээрчип, таң кала карашып, кызыкдар.

Токтосун каруусуна кызыл чүпүрөк байланган, төшүнө “КИМ” деген орусча жазуусу бар төш белги тагынгандарды суктанып карап көөмөйүнө: “Ушулардай болсом!” – деген тилек уюду. Бири-бирин сурамалашып, алардын алды-артына чыккан бөбөктөрдүн дилине: “Биз качан ушулардай болобуз!” деген учкул кыял уялап алды.

IV

Жаңы доордун агымы адамдардын аң-сезиминдеги бүкшүгөн саркынды ойлорду желпип салып, улам жаңылыкка умтулта берди. Доор менен канатташ жүрүүгө кат сабаты ачылып, күн санап жаңы саясат жана маданият менен байып туруш парз эле. Бирок дилинде ошол агымы күч доорду сезип, анын кызматына кара жанын карч ургандар Темирбай өңдүү алгачкы коммунисттер эле. Алардын ар бири Канткомдун каттоосуна алынып, иштеген иштери тиркелип турган. Колхоз курулушуна тикелей көмөк этишти.

Ири алдыда Ырыс экөө колхозго катталганы баарына маалым. Ошол себептен аны Кантком тарабында кандай жаңылык болсо чакырып, милдет тапшырмайын койбойт. “Таштак” колхозун уюштуруп, ага аны башкармалыкка чектешкен. Жакында мектеп ачылат, Домкананы тазалатып, ичи-тышын актатып, балдар олтургудай жай камдагыла, мугалимдер барса аларга үй, азык-түлүк жаатын ортолуктан бөлгүлө деген жардык чийилген. Ансыз деле жаңы уюшулган колхоздо кем-карчы өтө көп. “Көп түкүрсө — көл” дегендей өң букара ынтымак курап, ортодон бар чыгымын көтөрүшөт.

Ушундай апыл-тапыл, иш кычап, чөп чабык аяктап, орок маалына чукулдап калганда Кантондон: “Тез келсин!” деген кабар тийди. Күн чыгаары менен Темирбай өндүү колхоздун башкармалары кеңсеге чогулушту. Көп узабай арык чырай, ак жуумалынан келген, сур диоганалдан кител, шымы менен тиктирип кийген жигит топтолуп тургандарга салам айтып, баары менен алакан алыштырды да кеңсенин ичин көздөй жөнөдү. Тизмени карап, аттарын чакырып, түгөлдөгөн соң:

— Жолдоштор, силерди шашылыш чакырткан жөнүбүз – бүгүн Жалалабат педагогикалык техникумунун бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаттуу кечеси болот. Ошого катышасыңар. Ар бириңерге силердин кыштакка бара турган мугалимдерди тааныштырат. Ошолорго кам көрүш силердин түздөн түз милдетиңер, — деди.

Өзү да кошо чыгып, техникумду көздөй жөнөдү. Ушуларды эле күтүп тургандай музыка чалынып, айлана шаңга бөлөндү.

Салтанаттуу жыйын ачылып, канткомдун катчысына сөз тийди:

— Кымбаттуу жолдоштор, урматтуу бүтүрүүчүлөр, биздин өлкөнүн тарыхында биринчи жолу педагог кесибин алуучулардын салтанаты ачылып олтурат, кут болсун деп айтабыз!

Анын сөзүн дуулдата чабылган алакан дабышы басып салды. Тынымдан соң ал жаш педагогдордун ыйык милдеттерине токтолду. Сөзүнүн акырында акын Аалы Токомбаевдин “Эркин-Тоо” гезитине басылган ырынын бир түрмөгүн жатка айтып берди:

“Мекенге жемишиңди аябай чач
    Умтулсун батрактар, турушсун кас.
    Тескери миң “чылыкты” серпип салып,
    Ээрчитип эмгекчилди чындыкка бас!”.

Жыйындын аягында жер-жерге чектелген жаш педагогдорду башкармалар менен тааныштырды.

Темирбайга Шеркулов аттуу узун бойлуу, шыңга тарткан, чап жаак, кара тору, кырдач мурун жигитти тааныштырды. Ага айылдын, кеңсенин дайнын, өзүнүн үйүн да бышыктап айтып берди.

* * *

Домканада мектеп ачылып, балдар бөлмөлөргө олтурган биринчи сентябрь айыл калкына укмуштай майрам болуп, жаңы заманды тизгиндеп кетээр бойтоңдогон балдардын жүздөрүндө нур ойноп, көңүлдөрү шат эле. Сегиз жаштан он төрт жашка чейинкилер топтолгон. Ар кимиси ар кандай кийинген.

Токтосунга топу кийгизип, кара шым, көгүлтүр ноотудан тигилген күрмөсү боюна куп жарашып, ак жуумал өңү, калыңыраак көрүнгөн кашы өзгөлөрдөн өзгөчөлөтүп турду.

Мектепке узатасынан жасалган үстөлдөр, аскерлер жата турган топчандар коюлган. Ошолорго батышынча сыгылышып олтурушту. Кара доскени калаа тараптан арабага салып келишкен.

Балдарга баш-көз этер курагы он алты, он жети дей турган үч-төрт чоочун уландар жүрүштү. Булар жетимдер үйүндө жетилип, сабаты ачылып, башталгыч билим алгандар экен. Аларды убактылуу мугалимдикке жиберишкени кийин байкалды.

Шеркуловдун мектептин директору экенин чогулган эл билип, ага ак батасын бергендер андан. Токтосун, Түмөнбай, Турдукан, Гүлбүбү, Мади – деп Шеркулов он чакты баланы бөлүп, бир бурчка жайгаштырды. Тизмеге жараша, боюна карап, жашына ылайыктап, топ-топко иргешти. Ошондон салтанаттуу жыйын болуп, ичкерден көзү көк, орус мисалдуу ногой аял сөз сүйлөп, балдарды жаңы окуу жылы менен куттуктап, жакшылап билим алгыла, — деди. Татар аралаштыра, анда-санда орус сөзүн кыстарып сүйлөгөн бул аял атайын Москва тараптан жиберилгенин Шеркулов айтып берди.

— Балаларды хатын-кызлар укили куттук этсин. Укил ким эле?-деп ата-энелер тарапка бет алды ичкерден келген аял. Топтошуп тургандар бири-бирин түрткүлөшүп, бир азга бөгөлө калып, алардын арасынан кара сур тарткан, бөртмө жоолук салынып, кара кемселдин жакасына жаркырак седептен эки-үчтү таккан, көлбөргөн көгүш көйнөк кийген Ырыс чыга келип, эки жагын элеңдей карап алып:

— Айланайын чырактарым, билим каалгасын ачып берген Совет өкмөтү жашасын, — дегенде баары дуулдата кол чаап жиберишти. Ал аптыга берип сөзүн улады:

— Эми силердин көзүңөр ачылып, илим-билимге жетесиңер, жакшылап көөдөнүңөргө жат кылып, жалкоолонбой окугула. Тилегиңер кабыл болсун...

Кол чабылып, эл дымып кулак түргөндө коңгуроо кагылды. Бул ушул аймактын тарыхында биринчи кагылган коңгуроо эле. Анын дабышы – илим-билимге чаңкагандарды мектепке чакырган белгиси эле. Ушул күндөн баштап улгайгандар да кечкисин сабатсыздыгын жоюп, окуй башташты.

V

Өлкөдө маданий-агартуу агымы менен илим-билим майданы бири-бирине шай келгендей бири-бирин толуктап, сүрөмөлөп тургандай жагдайлар түзүлдү. Ошонун ичинен милдеттүү түрдө башталгыч билим берүүдө балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карата Ата-Журтун сүйүү жана коргоо сезими жөнөкөй гана оюндар аркылуу туюнтулуп, сүрөттөрдү коштогон сөздөр, мисалдар арбын айтыла баштады. Айтор педагогикалык техникумду бүтүрүп келгендер билим гана бербестен жаш муундун ар бирин жетилген инсан катарына кошууга ар күнү, ар саатта кам көрө башташты. Анткени алардын маянасы учкучтар, инженерлер, шахтерлордуку сыяктуу арбын болуп, үй-жай, отун-суу менен камсыз этилген. Демек бар өмүрүн жаштарды тарбиялоого сарптоо гана калды. Ансыз деле Совет өкмөтү аларды педагогикалык окуу жайында кандай камкордукка бөлөгөнүн кантип унутушсун.

Ар бир райондун калк жыш жайгашкан жана маданият жагынан өксүгү бар деген жерлерге педагогикалык окуу жайларын бүткөндөрдү жиберишкен. Ошолордун арасында эл обол мурда таанышканда: “директор Шеркулов” деп аташкан шыңга бойлуу жигит бар эле ... Ушинтип чакыруу жаңылыктын жышааны деп эсептешти. Киши жылдыздуу мугалимдер ар бир үйүн түтүнмө түтүн кыдырып, балдарды каттап, жашоо шарты менен таанышып, короо-жайдын санитардык-гигиеналык ал-абалын баамдап, айлана тегерегин таза күтүштү өтүндү. Колдо бар малдын көзүнө карабай балдарга эки сыйра кийим алып бергиле, самын, тиш щетка, сүлгү сөзсүз болсун деп келип, балдар олтуруп жазгыдай орундук керектигин эскертти.

Бала өбөктөп, бүкүрөйүп жазса, кыйшык олтуруп китеп окуп, же жазса кан оңгулуктуу айланбай, омурткасы кыйшык бүтүп калса ден соолугуна залал. Көр чырактан баланын өпкөсүнө ыш жугат, көзүнүн курчун алат да жаш куюлма болуп калат. Кымбатына карабай шишелүү лампа тапкыла. Балаңар сулуу жазабы, же тамганы кыйшык тартабы карап тургула. Сабагын кандай бышырат, такай көзөмөл эткиле. Бир эле күн көңүл кош карасаңар кечигип каласыңар...

— Жолдош директир, бизде кайдагы кат сабат?— дейт кай бири ууртунан жылмайып, — Көз туюк.

— Албетте, билбейсиңер, бирок окутуп көргүлө. Азыр алар тамга курап окуганды үйрөнүп калышты.

— Андай болсо, аларга кошулуп өзүбүз да кат тааныйлы, — дешет окууга дилгир, кыйынчылыкты жеңе жүргөндөр.

Кыскасы жаңы директор эки-үч мугалими менен эртеден кечке мектептен чыгышпайт. Кечкисин сабатсыздыкты жоюу. Колхозчулар иштен кайткан соң белгиленген саатта мектепке келишет.

Ошондой апыл-тапыл маалда Темирбайдын үй-бүлөсүндө да тыным болбоду. Темирбай башкарма, Ырыс колхоздун кара жумушунда. Экөө тең коомдук ишке чегилген. Не дегенде, аларга каралашып турган ата-энелери тың. Балдары багылуу, малдары бадага кошулуу, майда-барат үй оокат жасалуу. Ичкер тараптан атайын өкүлдөр келип калса, буларды үлгү катары көрсөтүшөт. Булардагы дагы бир кубаныч – Токтосун окууга кирген күндөн боюна тың, убагы менен сабагын бышырып, короо-жайды бир маал тазаламыш этет. Чоң атасы, чоң энеси ага жалынып, узак өмүр тилешет.

Дептерин, китептерин таза күтүп, тамгаларды сулуу тартат. Бир жылда эле шар окуганга көнүп кетти. Ал тургай атасы сатып келген тобурчак илинген саатты өйдө-ылдый жылдырганды билип, анын жанына “Режим” деп жазылган, ар убактысы көрсөтүлгөн кагазды илип койгон. Муну Зайнап эжейи жазып берген. Анын жанына жумасына окула турган сабактын аттары тизмеленген баракча илинген. Ар түркүн карандаш менен жазылып, кооздолгон окуучунун милдеттери бар. Ошонун баарын Зайнап эжейи өзү жазып, ар бир окуучуга тараткан.

— Үйүңөргө барып көрөм, илдиңерби, же катып койдуңарбы?-деп катуу табыштаган.

Зайнапты кээ бирөөлөр Уфадан келиптир, өкмөт аны атайлап жибериптир деген айың таратышкан. Анын чындыгы да бар. Не дегенде басмачылар менен болгон кагылышта Татарстандан биринчи бригада келген. Командирлери аялдарын ала жүрүшкөн. Ошолордун бир далайы үй-бүлөсү менен кыргыз жергесине байырлады. Европанын маданиятын тараткан да ушулар, кыргыз тилин таза сүйлөшкө кам уруп, турмуштун кай салаасы болбосун бой салып, айрыкча коомдук иштерди аткарып, тартипти катуу кармашкан да ушулар.

Зайнап эжейи:

— Токтосун кийин эр жеткенде кызматкер болот. Тартипти катуу сактайт, чынчыл, окууга өтө дилгир, башкалардай чаңдуу жерде көп ойнобойт; назик, классты башкарат; жолдошторун класстан тизип, сыртка чыгарып ойнотот, ал эми коңгуроо кагылганда дароо тизип, класска киргизет. Токтосундун отряды тазалык, тартип, окуу боюнча биринчиликти жеңип, директордун алкышын буйрук жүзүндө алып, өздүк китепчесине жазылды, — деди Ырыс менен аңгемелешип олтуруп. Ал көк дептерди ачып, “Эң мыкты” деп кызыл сыя менен жазылган жазууну көрсөттү.

— Карааным, каргалдайым! Ушунум өкмөт болоор бекен, эжекеси, — деп кара сур жүзүн нур чайып, карагат көзү балбылдап, бирде Токтосунга, бирде Зайнапка элжирей карайт. Дал ушул учурдагы эненин жан дүйнөсү аңтарылып, сыртына чыгып, алкышын үстөкө-босток төгүп тургандай элес жаралды.

Нак ушул кезде тапкан эне менен баккан эненин кубанычтары тогошуп, жаш жүрөккө жан адам туйгус асылдыктын шооласы чачырап жаткандай туюлду. Ырыс да, Зайнап да кубана бири-бирине тигилишет, бири-бирине алкыш айтышат. Эмчек сүтү менен элик сүтүн берген энелердин мээрмандыгы деңиз толкунундай сапырылып, ошол сыйкырлуу серпилген толкун Токтосундун жүрөк түпкүрүнө жетип жаткандай сезим жаралганын анын кызарып чыккан өңүнөн баамдашка болоор эле. Жазы кара каштын алдындагы көзү нурланып, эки эненин жүздөрүнө иймене көз жүгүртөт. Ошол ыраңы: “Мен дагы силерди сүйүнтөм” деген ишенимди баамдатып тургансыйт.

Айтор директордун таанышып кеткенине караганда Зайнаптын келип Токтосундун чынчылдыгын, баамчылдыгын, назиктигин жана жолдошторун уюштура билгенин ийне-жибине дейре калтырбай айтып бериши Ырысты кыйла демдендирип салды да, Токтосунду ого бетер жакшы окуп, жакшы өсүшүнө багыт жана шык демеди. Ошентип Зайнап эжейи биринчиден төртүнчү классты бүткүчө окутту. Эң алгачкы ууз сезимге бөлөп, советттик намыстуулукка, эрдикке сугарган эжейи болду. Анын көз майы, жүрөк оту миңдеген балдарга сарпталды. Дал ошол башталгыч класстардагы тарбия-таалим, акыл, ой жана билим жаштардын сезимине орноп, кийинки өсүштөрүнө негиз болоору кимге дайын эмес.

Жаштардын жан дүйнөсүнө түгөнгүс азык камдап, күн санап өздөрү да окуп, күн-түн алардын сезимине жеткирем деп түйшүк тартып, убайым жеген – Зайнап эжейлер эле. Европанын маданиятын да ала келип, аны аста-аста улуттун кыртышына үрөн сымал сепкен да – ушулар. Алар эч качан биз теңдикке жеттик деп айгайлап чыгышкан эмес. Улуттун каада салты, наркы эч бузула электигин байкап, өтө сергек, өтө этият мамиле жасашкан. Алар маданияттуу жүрүм-туруму, өтө жупуну жашоосу менен бүт элге таасир этишкен.

...Отузунчу жылдын капортосунда Крупская атындагы мектеп жети жылдыкка айланды. Эми бул мектепке жаңы мугалимдер келди: бири -математика, бири – биология, химия сабактарынан беришмек. Орус тил мугалими жок, орус тилди чала моңол билгендер эптеп сабак өтүп келишти. Бирок бул саам педагогикалык окуу жайын бүткөн, кыргызча жакшы сүйлөгөн Галина Васильевна сабак бермек болду.

Мектеп директору Шеркулов аскер тартибин сактап, дайым шайдоот, элпек, тыным албаган, көп окуган, издемчил педагог экенин тааныткан. Ондон ашык мугалимдердин жашоо шартына кам көрүп, үй-жай таап берип, жүрүм-турумуна дейре дыкат көз салат. Күнүгө сабак баштаар алдында:

— Педагогдун ар күнкү кыймылы, кулк-мүнөзү, бири-бирине болгон мамилеси окуучуларга, ал тургай бүт элге өзгөчө таасир этет. Өзүңөр жашаган чөйрөнү жаңырта билиш — силердин колдо, кудуретиңерге жараша. Маданияттын желин соктуруп, адамкерчиликтин асыл сапаттарын көрсөтө алгыла. Тарбиячы ириде өзү тарбияланууга тийиш дегенди унутпайлы, — деп эскертмейин койбойт.

Педагогикалык советте болсун, күнүмдүк келим-кетимде болсун – бардыгы өтө так, тартипти өтө талап эткен мүнөзү бир эсе жакшы болсо, бир эсе жадатып коёрун байкабаган жайы бар эле.

Токтосун такай директорду баамдап, дайым улам бир жаңылыгына суктанат. Аны туурап класстагы балдарга киймиңди эмне чаң кылып алдың, колуңду эмне жуубай келгенсиң, бар жууп кел, — деп талап эте берет.

Мектептин кире беришине самын, кол чайкай турган жуугуч орнотулган. Ким күнүгө дежур-көзөмөл болсо, ошол байкап турат.

Мектеп жети жылдыкка айланып, пионердик уюм биротоло чыңала берди. Педагогикалык окуу жайын бүтүп келгендер пионер уюмун уюштурууну жакшы билишчү. Токтосунду дружина советинин башчылыгына шайлашты. Эми ал октябрят жана пионер уюмун бүт башкарып калды.

Ошол күндөрдүн биринде Сузак райондук комитетинен бир жигит, бир кыз келип, пионер уюмунда жыйын өткөрдү. Кадимкидей отряд, отряд болуп, рапорт берип; Токтосун рапортторду кабыл алып, улуу пионер вожатыйына рапорт берди. Тизилгендер тынчтанып болгон соң: “Ар бир пионер билимди жетектесин!” – деген ураандын алдында жыйын башталды. Улуу пионер вожатый орто бойлуу, ак куба, кыймылы бошоң өңдөнгөн, жаңы окуу жылында математика сабагынан окуткан бойдок жигит Калыков Рыспай эле. Ал жыйындын маанисин айтып, сөздү райондон келген кара тору, кабагы салыңкы жигитке берди. Ал тамагын жасап алып мындай деди:

— Силер уктуңарбы, жокпу, “Кыргызстан пионеринен” окудуңарбы, биле албадым. Кычан Жакыповдун эрдигин уккансыңарбы?

— Укканбыз, баатыр пионер, кулактар өлтүрүп койгон, — деди Токтосун.

— Оо, дружина башчысы толук билет тура. Эмесе, урматтуу пионерлер, комсомолдун райондук комитети силердин дружинага анын атын ыйгарышка чечим кабыл алды.

Пионер вожатый кол чаап жибергенде калгандар аны коштоп кетти.

— Демек, мындан ары биз Надежда Константиновна Крупская атындагы жети жылдык мектептин Кычан Жакыпов атындагы пионердик дружинасы бар деп айта алабыз. Кабыл алабызбы?

— Кубаттайбыз жана куттуктайбыз, — деди улуу пионервожатый. Пионерлер кол чаап турушту.

Ушундан соң чачын өрүп, аркасына таштап койгон, көгүлтүр дукабадан чыптама кийген, кызыл галстук тагынган, боз көйнөкчөн орто бойлуу, кара көзү бажырайып турган кыз мындай деди:

— Урматтуу пионерлер, Коммунисттик партия бизге зор милдеттерди такты. Окуу жана билимде ар дайым алда жүрүш керек. Өлкөнүн маданий-агартуу өзгөрүшүнө көмөк этип, кохозчуларга газетадан окуп берип туруу кажет. Колхозго ар дайым жардам берип туруу зарыл. Октябряттарга камкордук этип, аларды ойнотуп, окутуп, ырдатып турууга милдеттүү. Өлкөнү эмгек жактан болсун, эрдик жактан болсун коргош үчүн ГТО. значогунун талабына карата сыноодон өтүш керек.

Ушул өңдүү сөздөр айтылган соң Кычан Жакыпов атындагы дружина советинин төрагасы Темирбаев Токтосун:

— Дружина түздөлгүлө! Коммунисттик партиянын иши үчүн күрөшкө даяр бол! – деди оң колу башын жогору көтөрө.

— Дайым даяр! – деп бир ооздон жооп кайрылды. Мындан удаа эле пионерлер шыгыр айтышты. Өткөндө улуу пионер вожатый “Кыргызстан пионери” газетасына чыккан Аалы Токомбаевдин “Пионерлер ыры” деген ырын жаттаткан болчу.

...Ата журтум — пролетарь
    Жардамчыбыз дыйкандар
    Кызыл аскер – чың жүрөк
    Бизге теңдеш кимдер бар
    Темир колдор куралып
    Кел катарга туралык

Райондон келгендер мындай болот деп күткөн эмес эле. Алар кубанып, ыракмат айтышты. Директор Шеркулов толкунданып:

— Садагалар, силер эртеңки күндө элибизге зор эмгек сиңире турган кадрлардан болосуңар. Бизде Темирбаев Токтосун, Байзаков Түмөнбай, Төлөбаева Бүбүкан деген жана башка жакшы окуучуларыбыз арбын. Булар азыртадан эле октябряттарды тартипке салып, окутуп да жатышат. Мыкты окугандар бизде көп, — деп сөзүн бүтүрдү.

VI

Таң агарып аткан сайын, жаңы гүлдүн чанагы жарылып, ажары ачылат; күн нуру жерди жайпап, бир сыйра сыдырып өткөн сайын тирлик жанданат, кыймыл амалына кирет. Доор нак ошол кыймыл менен алгалап барат, нак ошол кыймыл гана адам баласына мүрөктүн суусун жуткузуп, асырап келет. Кечөөкү каз турган бөбөк – бүгүн айланага көз жиберип,ата-энеге жөлөк. Ошентип адам баласы агарган таң менен ааламга чуу салып келип, кызарып баткан күн сымал жарыкчылык менен түбөлүккө кол булгалашып, көздөн закым болгондой ой-санаага батырат.

Улам жети жаштан которулган сайын адам аттуунун ой-санаасы, кыял-жоругу, кулк мүнөзү да жетилип барат тура. Кечөөкү кызыл жагоо тагынган Токтосун, Түмөнбай, Турдукан, Төлөнбайлар төшүнө “КИМ” жана “ГТО” төш белгилерин тагынган комсомолдор. Жети жылдыкты бүтөбүз, ичкер тараптагы окуу жайларына барабыз дегидей болсо эт жүрөк элеп-желеп күүлөнө канат кагып, кыял ташкындап, зор максаттар кол булгалайт; таттуу үмүттөр “мындай болсок”, “ошого жетсек” деген эңсөөлөр ээликтирет.

Алардын ар бири өзүнчө кесипти самайт. Түмөнбай кыялкеч, куудул, ойлоп тапкыч. Ал бирде учкуч, бирде окумуштуу болгусу келет.

— Азыр баары эле мугалимди көздөшөт, доктур болсом, — деп да кетем. Эмне доктур боло албайт деп турасыңбы?

— Сага ишенем, эмнени бүтүрөм десең ошону аягына чыкмайын жаның тынбайт, — дейт Токтосун анын туруктуулугун мактап.

— Ай, ушу, сен балдарды башкарганды жакшы көрөсүң, бир жерде чоң болоор бекенсиң?!— деп астыртан тап бердирип коёт.

Азилкеч курбулардын сөзү да, тилеги да мол. Буларга Турдукан кошулат. Чачын беш салаа этип өрүп алган, жашыл тукабадан чыптамачан болуп, кош этектеп тигип берген гүлдүү сатин көйнөгүн кийип алса өзгөлөрдөн чырайлуу көрүнөт. Анын мүнөзү ачык-айрым, бетке айтып коймою бар; саал көтөрүлүп, мактанган жагына бир таман жакын. Энеси кыргыз, атасы казак. Ошол себептенби, айтор, кыргыз кыздарындай уяң да, тартынчаак да, түнтүрөөк да эмес. Шар кетип, эркекти тике карап, кашкая күлгөндө саргыч өңү нурланып, кызылы кызыл, агы ак өңдөнүп, ичти элжиретип жиберме кыялы оодук. Турдукан сымал сезгич, баамчыл, ал тургай сын таккыч, өзүнчө ой жүгүрткөн; жашоо-тиричиликке жашынан бышкан кыздар ичимден тап эркектердин алдынан кыя өтпөй, жүзүн ала качып:

— Коюңузчу, агай, — деген назик сөздөрү бар.

Эркек балдардан окчун барып, өздөрүнчө маслет курушат. Алар эркек балдарга үйүр алып, алар менен шакылыкташкан Турдуканды көзү жокто кайбаттап коюшат. Эркек балдарга караганда кыздардын сезимталдыгы, жашоого болгон кумарлыгы эрте ойгонот. Ошол себептен Турдукан Токтосунга көбүрөөк ыктайт, аны шынаарлап, башка кыздардын көзүнө көзүкпөй эле деп дегдейт. Анын мындай мүнөзүн Токтосун сезбейт. Анын ою келечекте белсемдүү мугалим болушта. Ага алгач ирээт таасир эткен Шеркулов болду го. Күнү бүгүн калыбынан жазбай, окугандарын көпчүлүккө кабарлап турат. Талапты катуу коюп, тартипти бекем тутат жана тазалык, сыпаалык жагынан утат, ушул мүнөзү жаштарга жугат.

Ал эми Зайнап эжейинин жорук-жосунун, ачыктыгын “кырк үйдөн тыюу көргөн” кыздар европалык кашкөйлүктү жактырбайт; кадимден бери канга сиңген; зайыпка энчиленген касиет: жүзүн ала качып; жер карап, уяңына тартып, астыртан көздүн кыйыгына алып, ыйбаалана жол бошото берип, өзүн сабырлуу туткан мүнөздүн каймагы бузулбаган. Ошол себептен баш кошкон соң ажырашып кетүү деген – башка каран түн түшкөнгө тете.

Эс тартып калган балдар, кай бир убакта сүйүү жагына кеп оодарып, кыздарды сындашат. Бул жагынан Түмөнбай озгурлук этип, Токтосунду көп ойлорго калчап салат.

— Токун, — дейт ал – Турдукан сени өлгүдөй сүйүп калыптыр. Сени жалжылдап карай берет. Сага ыктап, сага сөйкөнө калганын сен түк сезбейт экенсиң, — деп күлөт. Ал ошентип айтып, жымыйып калганда, көзү бажырайып, ойчулуна тартат. Ал дубал газетага ыр жазып, кыздарга да тамаша иретинде бир-эки сапты курап жибермейи бар. Анын жаратылышында өтө сезгичтик жана баамчылдык Токтосунга караганда бир кыйла өзгөчөлөнүп турду. Токтосун Турдуканды жактырып, бирок оюнда кылдай шек жок, ынак досчулук, сырдаштык гана өкүм сүрдү. Айрыкча ак ниет, боорукер, адамдарды аяган мүнөздөгү уландар санаасына жарамсыз ойлорду түнөтпөйт; убалдан коркот, абийрин тизгиндеп, өзүн өзү зекийт. Андайлар антына гана бекийт. Ооба, ошондой окуя экскурсияга барганда болду. Мектептин жогорку класстары адырмак тоолорго жылыга бир маал сейилге чыгышат. Токтосундар быйыл бүтөбүз дешип, экзаменге даярдык көрө башташкан.

Оо, ошол кездеги ой-санаа алып учуп, кыялдын канатына жармашкан улан-кыз каякка гана барбайт да, эмнелерди гана самабайт десең. Өздөрүн кыйла жетилген, турмуш сырын билген адам катары сезишет.

— Экскурсияга барабыз дедик эле, мына келдик. Ар бир класс өзүңөрчө жылга жылганы өрдөгүлө, — деди улуу пионервожатый.

Жетинчи класстагылар Түмөнбайга жылга-жыбытынан бери дайын белесче тарапты бет алышты. Кыздар артта, эркек балдар алды жакта гүл терип, аны гүлчамбарга айлантып, кыздарга сунушат. Ондон ашык кыздар бар. Эркек балдар саал арбын. Баш, аягы жыйырма беш улан-кыздар бүткөрүү экзаменине киришти.

— Достор, ушул жерге тыныгып, бир жайланып алалы. Дасторкон жайгыла, — деди Түмөнбай секичеге чыга калып, кыялданган кыязда. Ал окуучулар комитетинин төрагасы катарында буйра сүйлөп, тамаша аралаштырат.

— Ушул жерден бир аз ырдап алып, дагы жогорулайбыз. Көк шиберге ой бооруңарча оонап, оонап алгыла. Мындан кийин биз туш-тушка чачырап кетебиз. Бири-бирибизди сагынган күндөр да болот, — деп тык токтоду. Оюна бир сөз келип, ошону айтып жибербегей элем деп чочулады.

Кыздар, балдар алып келгендерин ак дасторконго додолоп коюшту. Камдуусу чайды идишке куюп алышкан; айран, чалап, кээси кымыз көтөрө келишкен.

Оболу алар кыркалекей тартып олтурушту. Дасторконго кыздар кол салсын, кыздын кырк чачы улуу дешип, аларга жол беришти. Күлүп, тамашалашып олтурган соң Түмөнбай бажыраңдап::

— Жолдоштор, келгиле, ырдайлычы. Бийлесек бийлейли, — деди.

— Түзөңгө чыгып бийлебесе, боордон томолонуп кетебиз го.

— Ошол томолонуп барып ойго түшкөн сонун, — дешет ала качма балдар.

— Жолдоштор, Токтосун “Эсимдени” укмуштай ырдайт. Баягыда элге ырдап бер десек уялып койбодубу.

— Туура, ырдасын, ыр-да-сын!— деп кыздар дүүлүгүп да, желденип да алышты.

Күн чайыттай ачылып, табыйгат магдырап, айлана көздүн жоосун ала көркүнө чыгып турса улан-кыздар шапар тээп ойногусу келишет. Бирок буга тымызын тыюу салар мектептин жеткилең тарбиясы эле. Анын үстүнө окуучулар комитетин, пионерлер дружинасын жана мектептин тазалыгын башкаргандар ушул жетинчи класста болсо кайдагы баш аламан оромпой оюн болсун.

— Ой, айланайын, маалкатпасаң боло, — деп Түмөнбай шыкактайт. – Төө тукумун берчүдөй болосуңбу. Ырдачы.

Токтосун ичинен күүлөнүп, кантип ырдаштын амалын ойлоп жаткан. Ичи ысыган өндөнүп, толкундана түштү; ал ордунан тура калып, эки жагына күлө карап туруп обон созду. Сызгырылган аба терметти белем:

Жайдын бир гана толук – оой кезинде – оой
    Адырлуу гана тоонун— оой бетинде
    Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн – оой
    Жайдары гана селки –оой эсим— дее.

— Воо – воо.. Укмуш ырдайт тура, — дешип ого бетер сүрөмөлгө алышты.

— Обонун куп гана келтирди белем.

— Жөнчү, ырдасын!

Токтосун ырдап жатканда калың кара кашы кыймылга келгенсип,ак жуумалына тарткан жүзүнө кан ойноп, бөтөнчө ажарланып турду. Ал ырдаган сайын чайпалып, толкунданып жатты. Турдукан бажырая күлуп, деле жан алы калбай жыргап, кой көзү учкунданып, жүзү жошолонуп, ажарлана көрүндү. Ал Токтосунга жакындап, кучактап жиберчү баштанып барып, четтей берди. Ырдын таасири жеке аны эмес баарын туткундап алган эле. Ал эми Турдукан бөтөнчө элжиреген маанайда эле. Учкунданган көзүнүн кычыктары жылтырай түшкөн. Ага аябай жаккан:

“Өзүмдү гана сага – оой берем деп – оой
Өмүрдүн гана гүлүн – оой терем деп – оой” – деген ыр саптары жүрөгүнө уюду. Ойлонтту.

Түмөнбай Барпынын “Мөлмөлүм” деген ырын ырдады. Кыздар шыгыр айтышты. Ошол маалда Турдукан кыздардан бөлүнө калып, Токтосунга келип:

— Куттуктайм, жакшы ырдадың, — деп колун кысты. Түмөнбай шашкалактап:

— Колуңарды коё бербей кармашып тургула, бекем-бекем кысышкыла. Мен экөөңөрдүн антыңарга күбө болуп, бөлүп коёюн, — деди да кош колун бириктирип, эки колду кесип ажыратып койду. – Во, эми бүттү. Антыңар түбөлүктүү болсун!

Көрүп тургандар тамашага айлантып күлүп калышты. Бирок Токтосундун да, Турдукандын да жүрөгүндө өзүнчө бир сезимдин учкуну даарып өттү. Экөөнү улам-улам бири-бирине караштырган купуя ыйык сезим ошол алгачкы учкун эле.

* * *

Бүтүрүү экзамени аяктап жатканда райондук элге билим берүү бөлүмүнөн өкүл келип, жыйынтыгын баамдап, педагогикалык советке мугалимдикке жарай турган улан-кыз болсо бергиле, жаңы окуу жылында мугалим болушат, кадр жетишпейт деген маселени койду. Педагогикалык совет Темирбаев Токтосунду, Байзаков Түмөнбайды чектешти...


    “Чырайлуу агай”

                                                                                          Тула бой жана жан дүйнөнүн асылзаадалыгы –
                                                                                              таалим, тарбиянын таажысы
                                                                                              Платон

                                                                                          Тарбиячы – жан саяпкери
                                                                                              Мамбеталы – манасчы

Бир ыптасы бөксөлүү тоого ыктаган, бир ыптасы бакза менен курулган бийик дубалдары бар, бири-бирине куйрук улаш жыш салынган тамдарга ыкташкан кыштакты мурдагы аты которулуп “Интернационал” деп коюшкан. Курулган тамдарынан улам күткөн короо жайы жана бакчасынан улам кай улуттун өкүлү жашай турганын айныксыз атоого болот. Бир нече жылдап бири-бирине сырдыкана болуп, кыз алышып, кыз беришип, куда-сөөк жаатынан улам боордошуп кетишкен. Башка кыштактарга караганда майда кол өнөрчүлүк, соода-сатык, дыйканчылык кыйла өнүккөн. Маданий агартуу жана илим-билим жагы сыртынан караганда баары жайында дешке болот, бирок маани-мазмун жагы тоо таянган айылдан алыс узай албаган. Ошентсе да кыштакта ири калаанын жышааны сезилет, адамдары сылык, сезгич, ийкемдүү келип, кумурска сымал тынымсыз.

Отуз тогузунчу жана кыркынчы окуу жылында райондук элге билим берүү бөлүмү Токтосунду “Интернационал” жети жылдык мектебине мугалимдикке чектеди. Он төрттөн он бешке караган орто бойлуу коюу кара каштуу, ак жуумал менен кара торунун ортосу дегендей иреңдүү; боз шапке кийип, сайма жакалуу ак көйнөкчөн, кара шымдын кырын чыгара дасмалдап алган жигит жөнүндө аңыз таркады.

— Жуда чырайлык агай, турган үйүн актап, тегерегин шыпырып тазалап жибериптир. Кол жуугуч орнотуп, самын, тиш порошогун, щеткасын коюп жаңыртып салыптыр. Кары адамдарга барып жардам этет экен, — деген өңдүү кеп айылдын аяк-башына тарады.

Жаңы окуу жылына чукулдап калганда райондук өкүл айыл советине келип, жаш мугалимди тааныштырып да, табыштап да койду. Мугалимдер жетишпеген учурда аларга кам көрүү ардактуу милдеттердин бири эле. Жетинчи классты жаңы гана бүткөн уланды аргасыздан мугалимдикке чектешкен. Башталгыч класстарга кыска мөөнөттүү курстардан өткөндөр сабак беришет. Ал эми жети жылдыкты “Эң мыкты” деген баа менен аяктагандар математика, физика, география, кыргыз тили сабактарынан окутушат. Не дегенде, аларга конспекти жаздырышкан. Айрыкча арифметика, алгебра эсептерин толук чыгарышкан окуучулар аны кайра кийинкилерге сабак окутканга пайдалансын деген тымызын көрсөтмө болгон. Анткени китеп жетишпейт. Ошентип Токтосун бул мектепке математикадан сабак беришке чектелди. Бешинчи классты жетектейсиң деп буюрду. Балдардын тизмесин алып, он сегиз окуучунун үйлөрүн кыдыра баштады. Ар бирине чакан китепче ачты. Кадимки дептерди экиге бөлүп, бир жагына мектептеги жүрүм-туруму, окуганы, аткарган иштери жазылат. Экинчи бөлүгүнө үйдөгү турмушу, шарты, ата-эненин милдети ж.б.

Мугалимдерге актай кагаз, түрлүү карандаш берилбеди. Өз жанынан тыйын чыгарып, ар бир окуучуга сабактын жумалык тизмеси, окуучунун милдеттери жазылгыдай орун таштап, “Окуучунун үй бурчу” деп атады. Айтор кыйласын бүтүп, өтүлүүчү сабактардын тизмесине орун калтырды.

Токтосун тамгаларды жакшы жазчу. Мына эми, күнүгө тажабай жаза берип, тамгаларды сулуу жазууга машыкты.

Баса, үйлөрдү кыдырганда сегиз окуучунун шарты, жашоосу көңүлүн чөгөрдү. Кеч окуп, жашы өйдөлөп кеткен окуучуларды жолуктурду. Көп болсо өзүнөн эки жаш кичүү, бекерликке көнүп алган; ата-энеси көрүнгөн жакка жумшайт; анын эмгегине, күнүмдүк олжо таап бергенине маашыр.

— Чоңойсо арбайын согуп кетет. Буга өкмөтчүлүктү ким коюптур, — деген астыртан какмалаган жоопту эшитти.

Бул чөлкөм сүткорлукка, олжокечтикке ык салып, түбөлүккө караганда утурумдук утушту урматтаган ургансайлардын таасири канга терең сиңгенине кайгырды.

Ислам деген эңгезердей кара, саал эткээл, ыкшоолукка ыктаган бала эшиктин алдын гана шыпырып, көчө тарабын карабай койгон. Атасы оорукчал, энеси бешиктеги баласы менен алек. Үйдүн ичинде жагымсыз жыт уюлгуп турат. Мал короо чукул келип, чымын арбын. Ушуларды көрүп туруп Токтосундун көңүлү иренжиди. Ал көтөрүп жүргөн сумкасын талга илип коюп:

— Ислам, курч бычак барбы?— деди.

— Эмне кыласыз, агай?

— Керек...

— Дада, курч бычагыңызды сурап атыптыр, катта чырайлык агай ...

— Ха-ха— ха ... Ай балам, ай балам, мамиле кылышты ям билбедиң го, — деп кынынан сабы кооздолуп жасалган курч бычагын сууруп берди. Өңү кубарып, кан-сөлү жоктой көрүнгөн, бириндек сакалы бар, топучан дадасы мугалимге таңдана карап турду.

Суу боюнда өскөн бир нече талдан бир шыпыргылык кесип алды. Жип суратып байлап койду.

— Эми эки чака таап кел, экөөбүзгө ...

Ислам таңданып эки чака алып чыкты. Бирөөн Токтосун алып, арыктагы суудан сузуп алып, короо алдына көчө тарапка септи. Ислам эми гана түшүнүп ал дагы суу төгүп шамдагайланды.

Токтосун шыпыргыны алып:

— Короо-жайыңарды, көчөңөрдү тазалап берээр агай келди. Кана, мындай тур, — деп шилтей берээрде Ислам чап жабышты:

— Агайжан, биз уятка калабыз. Эл укса аския кылат, — деп өзү киришип ойдогудай тазалады.

Энтигип араң баскан чал кубанды белем:

— Ээ уулум, кудай өзүңө кубат берсин, сен биздин элдин ой санаасындагы ыпластыкты тазалап, ишиң менен элди тарбиялап коёр касиетиң бар тура. Көктөн түшкөн периште сымал көрүндүң, айланайын, элдик уул экенсиң, башыңа бак консун, оомийин, — деп бата узатты.

— Айтканыңыз келсин, ата...

— Кечириңиз, агай, мен аябай кыжаалат болдум. Ыракмат сизге, кудайым өмүр берсин!

— Айтканың келсин, ме, мобул самын менен жуунуп, тиш щетка менен тазалан, — деп берсе оң колу менен көкүрөгүн басып, кетенчиктей берди:

— Ыракмат, агай, жөн коюңуз ...

Токтосун болбой жатып колуна карматты:

— Үй-жайы, короосу тазаланып, жашоосу куунак, көчөсү таза элдин көңүлү сергек; тула бою жасанып, дени сак деп “Кыргызстан пионерине” жазыптыр. Ошол газетага жазылдың беле?

— Эми жазылабыз да, агайжан, — деп атасына суроолуу карады.

— Туура балам, газетага жазыл, жакшылыкка умтул. Көзүң ачылды окшойт-аа, Ислам! – деп атасы ак пейилден күлүмсүрөп турду. Бул адам граждандык согушка катышып, кышкы майданда жарадар болуп катуу суукка кабылып, ошондон соң кеселге жолукканын баян этти.

Ушул күнкү окуя айылдын аяк башына чагылгандай тез тарады. Мугалим болуп келгендер, уполномочондор, райондук өкүлдөр калктын жашоосуна камыр-жумур аралашпай, боюн оолак тутуп, өздөрүн маданияттуу жана билимдүу санап, акылдуу катары көрсөтмөй адат тымызын сезилип турар эле. Токтосун сымал кол баладай:

— Короо-жайыңарды, көчөңөрдү тазалап берээр агай келди, — деп ак пейилден шымалана киришмек кайда? Көөдөнү жабыктар, билимсиздер кайрымдуу жорукту кулчулуктун жышааны катары сезип, ар көрүшөт; сөз болом деп намыстанат.

II

Арадан эки күн өтпөй Токтосундун окуясы айыл кеңешине дүң болуп, аларды алагыр окуяга салды. Элдин жашоо-тиричилигине, санитардык-гигиеналык жактан тейленишине, балдардын окушуна шарт түздүрүп, агартуу майданын жандандыраар айыл кеңеши эмеспи.

Айылдык кеңештин алдында атайын уюшулган комиссиялар текей оттоп жүрүшкөнбү? Ириде ошолор өздөрү өрнөк көрсөтөөр жолдо эмеспи? Деги алар нелерди бүтүргөн? Айыл кеңешинин төрагасы беш айлык курстан өтүп келген, сур диоганалдан кител, шым кийген, райондук жетекчилер кийип жүрчү боз кендир өтүкчөн, кара торусунан келген, чекеси кууш, көзү чүңүрөйүп ары кирип кетчүдөй көрүнгөн, орто бойлуу; кеп-сөзгө сараң, такай зоот чалыш карагер ат минип, орус ээр токумчан жүргөн бул адам мыйзамдан кыл жылбай, кыргызча аке-үкөгө караманча каршы, адамга мамилеси салкын – Айтмырзаев Атакелди, аялы аргын чалыш, паспорт үстөлүн тейлеген, көк көз, ак саргыл аял, жети класс билимдүү.

Айылдык кеңештин мүчөлөрү, ага карамдуу кызматкерлер, медицина жана агартуу жагын тейлегендер, колхоздун башкарма мүчөлөрү түгөл келишти. Карала турган маселе калкты маданияттуу тейлөө делинип капысынан коюлуп олтурат. Жыйын ачылып, Айтмырзаевге сөз тийгенде партиянын күндөлүк саясатынан баштап Кыргызстан Компартиясынын Пленум чечимдеринен баяндап өтүп, алыскы айыл кыштактардын маданиятын көтөрүү жагына зор милдеттерди тагып жатканын айтып келди да:

— Биздин аймакта жаңылыкты алып келген жаш мугалим Темирбаев Токтосун балдардын үй-шартын көрүп жүрүп короо-сарайлар, көчөлөр ыплас экенин байкап, өзү шыпыргы жасап, шыпыра баштаптыр. Мына ушул окуяны кимдир бирөөлөр райкомго кабарлап, айыл кеңеш салык чогулткандан башканы билбей калды деп чагым салыптыр. Ошондон улам мени дароо чакыртып, тергеп киришти. Мен анын ак, карасына жетейин десем, райком катчысы:

— Ак, карасын айырам деп көрүнгөндү көр кыстоого албай, айыл маданиятын көтөргүдөй абройлуу маселе койгула. Ар бир айылдык кеңештин мүчөсү алдына койгон ишин аткаргандай болсун. Көчө-көчөнү бөлүштүрүп бергиле. Иштердин жыйынтыгын чыгарып тургула. Жанагы силерге барган жаш мугалимди жакшылып күткүлө, тарбиялагыла. Ишти алга сүрөшкө акыл тапкыч, иштин көзүн билгич жаштарды тайманбай көтөрөлү деди. Ушул иштер боюнча кенен-кесири кеп урсак кыштак маданияты, элдин аң-сезими жогорулаганы турат.

Айыл кеңешинин төрагасы мындан бөлөк сөз айта албай эки жагын карап калды. Ал ордуна олтура кетти.

Ортодон чачын жаңы эле устара менен тасырайта кырдырып, нак төбөсүнө кирдеген топуну кондуруп койгон, бети-башы чыңалган, боз жалпак бухгалтер ооз тарабын бир сыйра сыйпап алып:

— Арадай жерге чарадай жыйын курдурган ал кандай мугалим экен. Минтип олтурса биз бир чыны чайды беймаал иче албайбыз. Жолдош директор, теске салып коюуңузду суранабыз, — дегенде ага ыктай олтурган ферма башчысы коштоп жиберди. Көпчүлүк тынчтанып, Айтмырзаев тарапты карап калышты.

Ошол учурда мектеп директору Исламов кол көтөрүп туруп, ордунан салмактана козголду:

— Жолдоштор, биз ким эмне деди, ким эмне кылды деп, кылдан кыйкым издебейли. Мына, ушул жерде олтургандар райкомдун тапшырмасы жөнүндө, айыл маданиятын көтөрүү туурасында кеңешсек ишибиз өрлөйт. Жолдош бухгалтер, өзү менен кошо айылга маданий жаңылыкты алып келген Темирбаев Токтосундан бекер эле чочулап жатасыз. Эгер ал окуучуну тарбиялаш үчүн өрнөктүү ишти ойлоп таппаса, бүтүндөй кыштактын маданиятын, ал-абалын, ата-энелердин аң-сезимин, илим-билим кадырын көтөрөөр кеп-кеңеш болот беле? Жок ... Биз баягы көнүмүш таз кейпибизде кала бермекпиз. Муну тапкычтык дейбиз. Аны партиянын райондук комитети туура баштаган. Эми бул иш бүт районду кучагына алат. Мына, жолдош Айтмырзаев жарым жылдык кайра даярдоо курстан окуп келгендик этип, ишти чукулунан жандандыралы деп маселени туура коюп жатат. Ал үчүн ар бирибиз жашоо-тиричилик жактан өзгөлөргө өрнөк этели. Айрыкча балдардын окуусуна шарт түзөлү. Биздин мугалимдер үймө үй кыдырып, элдин жашоосун ар тараптан байкашат. Ошондуктан айыл кеңешинин алдындагы комиссиялар да иштеп, көмөк этишсин. Маданий-агартуу жагы, клуб, кызыл бурч, стадион неге дурус иштебейт. Санитардык-гигиеналык камкордук жок, айлана чөйрөнү коргоп, көчөлөрдү көрккө келтирип, ураандар неге илинбейт. Ага каралган каражаттар кайда? Чарба эмне үчүн мектепке жардам этип, ортолуктан каражат бөлбөйт. Балдарга көрсөтмө курал өтө зарыл, ураан жазганга каражат кемчил. Ал эми Темирбаев Токтосун өзүнүн чөнтөгүнөн акча чыгарып, кагаз карандаш алып, ар бир окуучуга үйүнө илип коёр көрсөтмөлөрдү камдады. Алсыз, колунда жоктордун баарына самын, тиш жуугуч щетка порошогу менен сатып берди. Ойлогулачы, ушул иш силерге жөн салды гана көрүнүш болгону менен мугалимдин ким экенин айгинелеп турбайбы? Мугалимге байлык эмес, балдардын ден соолугу жана жан дүйнөсүнүн байлыгы кымбат. Айрым ата-энелер бар беш-он тыйынга зыкымданып баланын көңүлүн чөгөргөн, жолдошторунан артка калтырган, чүнчүткөн. Андай учурда окуучу сабакты өздөштүрө албайт, — деп келип муну кошумчалады:

— Жолдош Айтмырзаев, жүйөлүү себептерди ачып, мындан аркы иштерге багыт берди. Ар бирибиз ушул иштерге жапа тырмак кирели.

Дайым газета колунан түшпөй, түз жүргөн, чарбада элдик көзөмөл жагын чойгон, олуттуу сүйлөп, басмырт жүргөн коммунист:

— Партия бизди ар бир коммунист, ар бир чарба башчысы жана жетекчиси ири алдыда үй-бүлөң менен, күнүмдүк жашоо турпатың менен таалим-тарбия бер деп үндөдү. Аны жаңы келген Темирбаев Токтосун деген мугалим иш жүзүндө далилдеп олтурат. Азамат экен, ушундай кадрлар көбөйсө, жаштарыбыз ар-намыстуу, абийирдүү болуп өсөт. Оболу өзүбүздөн баштайлы да, андан соң элге чыгалы, талап кылалы, көмөктөшөлү, — деди.

Анын сөзүн көбү колдоду. Ошентип айыл кеңешинин жыйыны бир нече талаптарды так койгон чечим кабылдады. Ушундан соң ар бир актив өз боюн тың күтүп, жашоосуна аздыр-көптүр жаңылык киргизишти. Көбүнчө балдарына шарт түзүштү. Ушул жагынан зор утуш болду.

III

Сентябрь айы капортолоп калган маалда мугалимдер арасында ыйкы-тыйкы кептер күчөдү. Бир даары Темирбаев Токтосун капкайдагы машакаттуу иштерди көргөзүп, балдардын башын айлантты дешти. “Катарга тизип алып, сабакка киргизип, кайра аскерче сыртка чыгарып, аларды эркине койбоду; секирип, кыйкырып, ойноп буктары чыкпаса сабакты жакшы түшүнбөй калат”, — деп бир жылдык кайра даярдоодон өтүп келген, отуздун жоон ортосу дегендей жашы бар, басса-турса гезит колунан түшпөй, эл аралык саясаттан бери саймедиреп, ал тургай ВКП (б) тарыхынын кыскача курсун бүт окуп, көкүрөгүнө токуган, салабаттуу, кара тору жигит маселе көтөрдү. Бир даары макул көрсө, бир даары:

— Тартип болбосо, эркинче коё берсек залды чаңдатып жиберет экен, — дешти.

— Темирбаевдин дагы бир жаңылыгына каршымын. Ар бир окуучуга атайын дептер ачып кереги эмне? Биз эмне ГПУ белек, муну койгула, жазса өзү жаза берсин. Крупская мектебиндегини быякка ташып келиштин кажети деле жок. Ар бир мектептин өзүнүн тажырыйбасы бар. Ал эми отряддар арасындагы, класстар ортосундагы мелдештер өтө зарыл. Ал бизде деле колдонулган. Бирок бир жакшы жери – жеңүүчүлөр директор буйругу менен бекемделип, эсеп китепчесине жазылсын дегени мага абдан жакты.

Педагогикалык советке катышкандар бир азга дымып, ойлонyп калышты. Токтосун бул жамаатка жаңы келгендик кылдыбы, талаш-тартышка түшпөгөн, өзүнүн гана ою, билгени менен күн өткөрүп келгендик этип, жооп кайтарбады. Бир даары Токтосундун оюн колдогону менен анын маанисин толук ачып бере алышпады. Аны директор Шаамурзаев мисалдарга таяп, техникумда педагогикадан сабак берген мугалимдин айткандарын далил кармады. Күнү бүгүн бардык жердеги мектептерде талап да, тарбия да бирдей экенине токтолду.

— Албетте, чыгармачылык табылга зарыл. Көрдүңөр, Темирбаевдин жөнөкөй эле бир иши бүт райондун аймагына маанилүү маселенин жаңы ачылган табылгасы катары кабыл алынды. Биз балдарды канчалык тартиптүү бол дегенибиз менен алар октос берген балалык кыялга жеңдирет. Ал эми катарга тизилип кирип, тизилип чыккан токтоолукка, баштуулукка, көпчүлүккө баш ийгенге, тактыкка аздап көнүктүрөт, акыры адатка айланат.

Анын үстүнө ГТО өлчөмүн тапшырганга өтө зарыл жана болочок аскер ишине астыртан машыктырат. Ар бир балага дептерче ачып, анын жетишкенин, оройлугун, катасын жазып койсо экинчи ката кетирбеске умтулат. Крупская мектебине бул методду Шеркулов мыктап киргизген экен. Ал ыкманы эми биз баштайлы, жыйынтыгы терс жагына тартпайт. Экинчиден, арабызга жаш болсо да издемчил, түйшүкчүл мугалимдин келиши биз үчүн абдан кубанычтуу. Ушул педагогикалык ыкмаларың дагы жаңы табылгалар менен байысын, — деди директор Токтосундун колун бекем кысып. Мугалимдер ага жакшылык каалап, ийгилик тиледи.

Токтосундун ушул кубанычын дагы бир секичеге көтөргөн Турдукандан келген кат болду. Ал Токтосунду жаңы окуу жылында мугалим болгону менен куттуктап, өзү техникумдан окуп жатканын билгизген. Кат жөн салды гана жолдоштук сезим менен жазылыптыр. Бул түнү уктай албады. Катка кайтараар жообун оюнда камдап жатып, көзү илинди.

IV

Күн жерге түшө калчудай жан бүткөндү куйкалап, казанына сызгырып барат. Ушул жылы кысыр булуттар агышына тартып, батыштан чыгышка көчөт эле көчөт. Калк жаан тилеп түлөө өткөргөн болушту. Кочкул булуттар: “Бечаралардын ийин жандырбайлы дедиби–ай, бир аз өткүндөп өтүп; жеке эле касийда окуган молдону эмес, түлөөгө түп көтөрө түрүлүп келген түркөй пенделерди мыскылдуу жылмайгансып, күн күлүп берет.

Аптап уруп, суу жетпеген жерлердин өңү өчүп, куу санга айланып, чөлкөмдүн жашыл иреңи өчүңкү. Жалакайлар кырк градустан ашкан ысыкка чыдай албай, нечен алакеттен өтүүдө. Кара дыйкан калыңырак кийинип, кетменин колдон түшүрбөй камбылдыгын таанытат. Аптап ысытпаган, аяз тоңдурбаган, өрттүү жерде шашылбаган, өлүмдүү жерде жашыбаган, чор алакан, чоюн билек дыйкандар гана эзелтен бери элди асырап келген эмеспи. Ошолордун бири – Темирбай. Башкармалыгын өткөрүп берип, бригадирликте жүрсө да кетмени колунан түшпөйт. Бир жыл бою бала окутуп, мыкты мугалим атанган Токтосунду топуракка салып, аптапка мээсин кайнаткандан арачалайт. Ага караганда Кадырбегин кара жумушка караан тутуп, жеңил-желпиге жумуштайт.

Энеси ого бетер эт-бетинен кетип, аны илимдин учуна чыккан илимпозго тете көрөт. Анан калса, Токтосун областтык газетага мыкты мугалим катары макталып, эл оозуна кирип, ар ким, ар ким жолуга калганда:

— Уулуңарды гезиттен окудук, кут болсун, өмүрүнө береке берсин, — деп койгондо төбөсү көккө жеткидей сүйүнөт. Ата-эне уулуна сыймыктанышып, өмүр, бакыт тилешет. Ал такай газета окуп, бирдемелерди жазып, чийип олтурса, караанына кагылышат, ошого каниет, шүгүрчүлүк этип, жалынганы – бир кудай ...

Токтосун убактысын текке кетирбей калсын. Педтехникумду сырттан окушка дилгир. Бирок райондук элге билим берүү бөлүмү август кеңешмесинде алдыңкы мугалим катарында сөз сүйлөп, тажырыйбаңды кенен айтып бересиң, кол жазмаңды катасыз жаз, бизде сакталат дешкенден бери такай ошол ойдун үстүндө узанат. Албетте чарба жагына, чарба күтүшкө күймөлбөй жардам эткен соң газеттерди жайып салып чиймелей бермей.

Айттырбай аптаптуу август айы да кирип келди. Мугалим аттуулар чектелген күнү жыйналып, райондук кеңешме ачылды. Доклад жасалып, алдыңкы мугалимдердин ысмы аталып, дүркүрөгөн кол чабуулар тынбады. Токтосун менен Түмөнбайдын да аты аталды. Эки дос эзилише баарлашып, чер жазышты. Бири-бирине жакшылык каалашты.

Токтосунга сөз тийгенде аны тигиле жапырт карап калган сандаган көздөн аптыгып барып, сөзүн баштап алган соң өзүн эркин сезип, нечен ирээт оңдой берип, жедеп жатка токулган ойлорду чубуртту. Тажырыйбасын мактанбаган, өтө эле көтөрүлбөгөн дабышта эмес, басмырттаган бир калыпта ишенимдүү баян этти. Муюп уккандар шатырата кол чаап, жаш мугалимдин көңүлүн көтөрүштү. Ичкерден келген өкүл: “Азамат”, — деген сөздү айтып, жанындагыларга ал жөнүндө жылуу пикирин туйгузду.

Бир жылдык мээнеттин акыбети жанып, аты райондон аша аталып жүрүш арзан бекен. Ак эмгек, чыгармачылык менен түйшүктөнгөн мээнеттин үзүрү. Бул саам Токтосун орто жашка барып калган, жогорку билимдүү математик мугалимдин тажырыйбасына суктанды. Математикалык ар кандай амалдарды, теорема жана аныктоолорду турмуш менен, болгондо да балдар күн санап кездештирген сансыз көрүнүштөр менен айкалыштыра билүүнү өтө түшүнүктүү баян этти. Болбосо жаш, анчалык билими жок мугалимдер окуучуну китептеги аныктоолорго “аркандап” салат да, аргасыздан жаттатат. Жаттап алган жерде жалган билимдүүлүк уялайт. Ал сүйлөмдүн, же теореманын маанисин, турмушта кездешчү зарылдыгын сезбей, терең ой жүгүртпөй туруп, кургак жаттап, кыйналып калышат. Ушул жагынан аны менен ой бөлүшүп, түшүнүгү алда качан кеңиди. Ушундан улам: “Кандай болбосун окуш керек, окуш керек”, -деп өзүнө өзү ант берди. Жакшы жана терең билимдүүлөргө жолуккан күн майрамга тете экенине эми гана туюнду. Китептен да издеп таппаган ойлорду айтып; акыл-насаатка тундуруп; өтө басмырт, өтө жөнөкөйлүгү менен бийикке сүрөмөлөп койгону; түшүнүгүн кеңейтип, акылына акыл демегени асылзаадалык деп баалады Токтосун. Атаганат,ай сайын аңгеме-дүкөн курсакчы деп эңседи. Көп жылдык тажырыйба, кагазга чийилбеген ойлор анын көөдөнүндө арашан сымал кайнап жатканын сезди. Аны менен аралаша жүрүп сырдашсачы, атаганат. Же бир анын айткан акыл-ою жазылган китептер жок. Ошондо барып бир ойго бекиди: “Эмне үчүн акылмандар бири-бирин бир өлкөдөн экинчи өлкөгө издеп барышкан? Неликтен кат аркылуу сырлашып, бири-биринен кеңеш сурашып, жан дүйнөсүн байытышка далбас урушкан? Ошолор мүлдө элдик кенч го? Канткенде дал ошол чокуга жетебиз? Канткенде...” Ал ушуларды ойлой келсе, жүрөгү албууттана согуп, кыялы асмандайт, жер жүзүн көз ирмемде айланып чыгат.

Токтосун бул жылы газета-журналга арбын жазылды. Эки оюнун бири – канткенде окуусун улантмак. Бул жылдары орто мектепти бүткөндөр арбыйт. Анда булардын жети жылдык билими көр чыракка айланган жетим көпөлөк дебейсиңби? Бул жагын ойлой келсе, заманасы тарыйт. Улам, улам бийиктеп турбаса сенден озук, сенден мыктылар ашып кетет деген санаа ойлонтту.

Бул окуу жылында Токтосун кадимки кандим саяпкер сымал илим-билим майданына аралашты. Ата-энеси ак жол тилеп, жылыга жайланып жүргөн “Интернационал” айлына узатып коюшту. Анан калса, мугалимдердин жаңы окуу жылына кириши да өзүнчө бир шаң – бөтөнчө бир улуу максаттарга жык-жыйма.

Бир акылман айткан экен: “Балага жолдош болсоң кыялың артат”-деп. Анын сыңарындай ар бир мугалим “балдарга берген билимим жугуп, тарбия-таалим, өрнөгүм жаш жүрөгүнө уялап калгай эле” деп зар кагат. Башка кесиптерге караганда мугалимдик бөтөнчө асыл. Не дегенде, педагогдун жүрөгүнүн бир толтосунда энелик мээрим жана айкөлдүк, экинчи толтосунда кан менен улам тазарып, улам жаңыланып турган илим-билим, өнөрдүн уюткусу арашан сымал атылып турат. Мүлдө адам баласынын дили агарып, көөдөнүндө илим-билимдин шооласы чачырап, биримдикте жашагай эле деген улуу тилек анын жүрөгүн жай алдырбайт.

Анан калса, мугалим адамдын ким экенин, кандай мүнөздүү жана максаттуу экенин бир көргөндө баамдап коёт. Касына кара санабаска далалат эткен, өзүн өзү күн санап соттоп да, тизгиндеп да келген мугалимдер — өрнөкчүл, таалимчил мугалимдер. Өзүн өзгөлөрдөн бийик санап, көрө албастык жана көөдөнү караңгылыктын илдетинен арыла албагандар бар. Балдардын убалына калган ургансайлар даана ушулар. Тааныштыкка салып, колунда бардыкка салып мугалимдик кесиптин дипломун алгандар — жаштардын жан дүйнөсүнө айыкпас илдеттин микробун жугузгандар. Жашоодо бакытка барчу кыска жолду издеп жүрүп кырсыкка кабылгандар. Мугалимдик кесипке көлөкө түшүрүп, эл арасында кемсинте айтылган сөздүн чыгышына да ушулар күнөөлү.

Сатып алган билимдин дагы бир залалы врачтык кесипте кездешет. Диагнозун туура эмес коюп, тескери дарылап, адамдын ажалга багынып беришине бирден бир себепкер болгон нак ошол кесепеттүүлөр эмеспи.

Ошентип дипломду сатып алып, өзүнүн дилин да, элин да сатып жиберген дөдөйлүк бул жалганда болуп да келген, тукумдап да барат, бирок зили түбү акыйкат сотунда калат.

V

Кечөө эле август кеңешмесинде Түмөнбай менен жолугушуп, кумар жаза күлүп алышкандан бери көңүл кушун алыска, алыска зымырылткысы келет. Айрыкча эртең менен турганда жакшы ойлорду ойлойт, күлгүсү, же ырдагысы келет. Анан туруп турмушта адамдар зуулаган кайран өмүрдү дуулаган каткырыктуу күндөр менен тосуп алып, кайра эле дал ошондой ыкта узата берсе деп самайт. Бир эсептен чайканага баргандар каткыра күлүп, чер жазып туруп кызматка жөнөп беришет. Ал күнү иши оңунан чыгабы, же жолун торогон тоскоолдук болобу, же нарк билбеген бирөөлөр көңүлүн чөгөрүп кетеби, нак ошол кезде таңкы шайырдык калкан сымал коргоп калат. Бул жагын ойлоп такай өзүн өзү демдендирип жүргөндөрдү жактырат; өзү да ошондой болушка далалат этет; окуучуларын да көңүлү куунактыкка көнүктүрсөм деп сабакты жылуу маанайда баштайт. Түмөнбайдын “сыркоолууну сакайтышка сандаган молдо келгенден көрө бир куудул келсин” деп айтканын эстейт. Анан туруп кайсы бир гезиттен “он беш мүнөт жүгүргөндө мээни жашарта турган суюктук пайда болсо, үч мүнөт боорду эзген күлкү ошого тете” деп жазылганын окугандан бери күлкүгө бой салып, ыр, күү жана шайырдыкка көңүлү чабат. “Кызыл Кыргызстан” газетасына чыккан Аалы Токомбаевдин ырын кез-кез кайталап коёт да, сабакка кирип, балдар менен учурашып болгон соң:

— Силерге бир куплет айтайын, ким жазганын айтып бере аласыңарбы, мындай ыр.

Сүрөтүн тарт кереметтүү Ильичтин –
    Кирпигимден кисти жасап берейин
    Баарын иштет, талант менен чамаңды, -
    Жүрөк канын боёк кылып берейин... – деп жатка айтып берип жооп күтөт. Балдар бир азга дымый түшкөндө такай ар нерсеге кызыкдар өңдөнүп жүрчү, көзү күлүңдөгөн, арык чырай, кара тору бала кол көтөрөт:

— Агай, Аалы Токомбаевдики ...

— Жарайсың Кадырбегим, сага арифметикадан “мыкты” деген баа коёюн. Математика да тапкычтарды сүйөт, — деп анын көңүлүн көтөрөт да, калгандарын такай газета окушка тымызын ээликтирет. Айтор тарбия-таалым ишинде ар тараптуулук, көптү билгендик, ойлоп таап, улам бир ойго чөмүлтүп туруш утуш берээрин билип алды. Ошол себептен Токтосундун сабагында балдар кунт коюп, көптү билишке ынтаасын коёт.

Айрыкча “Бөлчөктөр” деген теманы өткөндө жашоо өзү майда-майда бөлүктөргө бөлүнгөн, бөлчөктөнгөн окуялардан тураарын айтат. Бир бүтүн буюмду зарылган кезде бөлчөктөп бөлүп кетишээрин айтат. Бир бөлүктүн жартысын экиден бир дейбиз. Демек экөө бир алманы жарымдан бөлүп жешти. Эгер бир алманы төртөө бөлүшсө, анда ар бирине бир чейрек тийди делинет да, төрттөн бир деп жазылат. Бөлүнгөн сан бөлүмү, алып кетсе алымы деп аталат. Өтө жөнөкөй эле түшүнүк. Мына, биз бир чейректи аяктап койдук. Жаңы окуу жылынын канчасын узаттык. Дароо жооп беришет:

— Төрттөн бирин...

Токтосун мугалим болуп иштеп жаткан экинчи жылына абдан ыраазы. Не дегенде, эркин куш сымал кай тарапка канат серпсе да чабыты кенен. Албетте буга август кеңешмесинде жасаган доклады менен эмгегине жараша мактоо эшиткени себеп этти. Мурда китептин алкагынан чыкпай жүрсө, жогорку билимдүү математиктин айткандары, кеп-кеңеши эргитти. Ошентип кай теманы өтпөсүн анын сабагына кызыккандар арбыды.

Алтынчы класстагылары мектеп боюнча үлгүлүү окуучулар деген наамга арзышты.”Үлгүлүү пионерлер” деген макала “Кыргызстан пионери” газетасына жарыяланып, айыл айылга тарап келгенде ата-энелер комитети да ыраазы болушуп, мектептин чогулушунда өзгөлөргө өрнөк катары баян этишти. Чынында билимге чаңкап, борбор тараптан окусак деген тилек бүчүр жарып жаш жүрөктөр алып учат. Күнүгө бир жаңылык газетага басылып, улан-кыздарды ого бетер делөөрүтүп барат.

...Мезгил канатын кагып, кабак каш ортосундагы көз ирмемде улуу курулуштардын, завод-фабрикалардын конуш алганы Совет элин таңдантты.

Кырк биринчи жылдын июнь айында жетинчи класстар экзамен берип, күбөлүктөрүн колуна алышат. Төртүнчү, бешинчи, алтынчы класстар ашып кетсе, төрт сабактан экзамен тапшырышат. Ошого карата балдар кайрадан өткөн сабактарын бышыкташат. Жооп бере албай кулап калып, уят болбоюн дегендеричи... Күзгү сыноого калыптыр деген сөз жеке баланын да, ата-эненин да бетине чиркөө. Андыктан жалкоо элден корунуп, шатыра шатман ойной албай чүнчүйт. Адам болгон соң эт жүрөк сезбей коёбу? Советтик педагогиканын жана мектеп турмушунун ургаалдуу уюткусу дал ошол ар бир класста өтүлүүчү экзамен ар-намыс, абийир, жоопкерчилик жана тырышчаактык өндүү касиеттерди камтып турат. Совет элине чыккынчылык эткен Хрущев доорунда ошол ыйык сапаттарды өйдө-төмөн калчап, күлүн көккө сапырып коё жаздаган.

Бүгүнкү күндө кедери кетип, алыстан агып келген ыпластыкка малынган модалуу уул-кыздардан уят кетип, өлкө тагдыры эмес, өзүнүн келечегине жүр нары кол серпкендер арбып баратканда аларды ак жолго салышка ак дилдүү адамдарды көмөк этишке чакырып, көзү өткөн көрөсөн көсөмдөрдүн көркөм элесин көз алдыга тартып олтурабыз. Ошол доордо жашап, өлкөсүнө өмүрүн сарптаган асылдардын касиеттери улам кийинки урпактарга үлгү, өрнөк эткей эле деген үмүт көөдөн тебет. Тунук ойлуу, турум-жүрүмү туура, калк камына камчы саптай болсо да кам көрөйүн деген уул-кыз биз сыпаттап жан дүйнөсүн кашкайта ачып берип жаткан инсандардын көркөм элесинен жашоосуна от тамызгы алгай эле деген ак ойдон улам көз май, көкүрөк отту ак кагазга сүртүп олтурабыз.

Токтосун келип окуучуларын жыйнап, ак тилегин айтып, бааларын угузуп, кубаныч менен таратмакчы болуп жаткан. Жетинчини окугандар математикадан текшерүү ишин жазышкан. Эки-үч күндөн бери текшерилип жатып, бүгүн бүткөн. Бааларын угузмак да күбөлүгүнө класс жетекчиси көчүрмөк. Бирок элдин үрпү бир башкача. Директор баштаган мугалимдер заматта чогула калышты. Токтосун ар биринин томсоруңку жүзүнө тигилет.

— Уккан жоксуңбу, согуш башталды! Гитлер кол салыптыр. Москвадан бир нече жолу кабарланыптыр. Зым карагайга илинген калпак радио кабарлаптыр, — деди директор кейиген маанайда. Мугалимдер бири-бирине сөз ката албай, дал болгонсуп, көөдөндө ашып-ташкан ой-тилегине мөндүр түшкөндөй, тоо бузчудай толкуган кайраттары тосуңку.

Бир саамга жетпей айыл кеңешинин чабарманы келип:

— Жолдоштор, клубду көздөй жүргүлө, райкомдон өкүл келди, — деп желдирген бойдон төмөн тарапка чу койду.

Бала дебей, чал дебей баарынын ындыны өчө:

— Эми кандай күндү көрчүбүз, — деген кыязда бири-бирине суроолуу тигилет. Башын какайыңкы кармаган карт жоокер тишин кычырата аркы-терки басат.

Жетинчи классты өткөн жылы бүткөн, атасы аны окууга бербей тракторчу жигитке узаткан кыз Токтосунга жылмайыңкы учурашып, элдин арасына сиңди. “Чырайлык агайдын сүйгөн кызы бар экен”, — деп шыпшына жүргөнүн курбулары тамашага чалып күлүшө турган.

Эл кым-куут. Майрам сайын жетекчилер чыгып сүйлөй турган бийик жайга эки-үч адам чыгып, элге кол көтөрүп тынчтангыла дегендей белги берди. Калк дымырап, кулак түрөт.

— Ардактуу жолдоштор,аталар, энелер, жеңелер, агалар, инилер, Гитлердик фашизм тынчтык келишимди бузуп, Советтер Союзуна уурданып келип кол салды. Алар жырткычтык менен жергебизге басып кирди. Көп улуттан куралган болоттой бекем ширелген элдин жүрөгүн майтара албайт. Фашизмдин куралынан советтик интернационалдык дух миң эсе кубаттуу. Тынч элге кол салган Гитлер жеңилбей койбойт. Акыры жеңиш биздики. Жашасын марксизм-ленинизм! Жашасын Лениндин – Сталиндин партиясы! Жашасын советтик баатыр эл!

Секичеге карт жоокер көтөрүлдү:

— Кагылайын, эл-журт, Гитлердик фашизм дүйнө жүзүн багындырып алмакка курал топтогон. Эми ал куралы өзүнө өлүм жумшайт. Мен граждандык согушта кармаштым. Мен басмачылар менен кармашта чыңалдым. Кызыл Аскер турганда, Сталин турганда тарыхта эч жеңилбеген орустар турганда фашизмдин ташы талканга айланат. Силер эч качан санаага чөкпөгүлө, эки эсе кайрат менен иштегиле. Бала дебей, кары дебей майданга бар кудуретти үрөгүлө. Ал эми мен болсом эртеңден калбай жоо беттейм. Кашык кан калгыча Ата Мекенди коргойм жана жалпы силерди да түп көтөрө душманга кастарыңарды тиккиле, кыраакы болгула демекмин.

Жашасын Кызыл Аскер!
    Жашасын Коммунисттик партия!
    Жашасын жумушчу дыйкан биримдиги!
    Айыл кеңешинин төрагасы капысынан:

— Азыркы сөз комсомолдун мүчөсү, эпкиндүү мугалим, колхоздун иштерине да көмөк этип келген Темирбаев Токтосунга берилет, — десе болобу?

Токтосун мындай учурду эч күтпөгөн. Не демекчи, секичеге көтөрүлүп барып, дегени бул:

— Ардактуу ата-энелер, кымбаттуу эл, капыстан качырып келген душмандын канын суудай төгүшкө биз  — комсомолдор даярбыз. Мына мен быйыл он сегизге толдум. Эл, журтту коргой турган убагыбыз келди. Бул жерде граждандык согушка катышкан агабыз кашык каны калгыча салгылашабыз дебедиби. Биз дагы комсомолдор өмүрдү өлкө тагдырына сайып коёбуз.

Жашасын Коммунисттик партия!
    Жашасын Лениндик комсомол!

Токтосун топко кошулганда бир далайы колун кысып, куттуктаган болушту.

Ошентип аалам чөлкөмүндө экинчи дүйнөлүк согуш өрт алды. Советтик адамдар аял, эркеги дебей майданга катталышты. Комсомолго өтөм деп, жашын бир санга чоңойтуп алгандар майданга күргүштөп аттанышты.

Темирбай ири алдыда катталып, Ленинград майданына багыт алды. Иниси Ашырбай андан бир жума кийин аттанды.

Эң кенже республика Кыргызстанда бир жарым миллион калк жашап турган болсо, үч айдын гана ичинде 360 миң саналган уул-кыздарыбыз майданга аттанышты. Он эки миң коммунист, 80 миң комсомолдор жоо беттешке алдыңкы чепке жөнөштү.

Ал эми орукта калгандардын эрдигин айтып олтурса өзүнчө узун сабак.

Кырк экинчи жылы Токтосун менен Түмөнбай арыз жазып жатышып, майданга бет алышты.


    Чек ара күзөтүндө

                                                                                          Өзүн өзү билген эр бактылуу
                                                                                              Өзүн өзү бийлеген эл бактылуу
                                                                                              Казак накылы

Мезгил учат тыным албай сабалап, аны кандай пенде тизгиндеп кала алат. Таң алдында чанагы жарылып, уялыңкы күлө баккан роза гүлү түшкү аптапта боюн жазып, баралына келгендей кумарын кандырат да, кеч бешимде назик маламтык ыраңдан саал кочкул кызылына тартып муңайыңкы турат. Оо, карматпас мезгил, неге мынча октой тезсиң?!

Качантан бери касабаланып жаткан калың кар мээ кайнаткан ысыкта бууга да, сууга да айланып, ордун сыйпалаттырат. Кечөөкү толукшуп тийип, ай ааламга нурун сепкен улан-кыздын убадалуу сүйүүсүнө күбө эткен күмүш ай бир капталына ийрейип, көркүнөн адашкан. Дүйүм гүл жытын бурап турган кезде ак балтырлуу, тармал чачтуу, жайкы желде шоокуму жүрөк кылына урунуп, дарылыгын айланага чачып турган ак кайың неге тонолгон.

Оо, закымдаган мезгил, мынча неге учкулсуң!

Баятан бери ак жүзү нурлуу көрүнгөн, осмолуу калыңыраак каштуу, кара көз, оң бетинде калы бар кыздын сүрөтүн маңдайына коюп алып, мезгил закымына таңданган жыйырма беш жаштагы ага лейтенант; калың кара каштуу, агышы аралаш кара торусунан чалган жүзүн күзгүгө каранат. Кызды да, өзүн да мезгил тотуктуруп койгонуна саал өкүнүчтө. Эгер согуш чыкпаганда булар турмуш куруп, очор-бачар бабырап калмак. Кызгалдак сымал кырчын өмүр табынан өтүп бараткандай табышмактуу сырга чөмүлөт. Мындан жети жыл мурда бул экөө кандай эле? Жаңыдан жетинчи классты бүтүшүп, Түмөнбай оюн-чындан чыпалак алыштырып, антты бекиткен кезде мөлтүрөгөн алча эле го. Ал эми Турдукандын бул жолку катында наристе кыял, ууз сезим, делбирттеп соккон жүрөктүн илеби эч сезилбегени эмнеси? Кыздын жаак булчуңу бошоң тартып, ай чырайлуу келбетиндеги сүйкүмдүү жышаандын изи билинбейт. Албетте катында кусалык сезилип, аны ардактаган сөздөр арбын. Бирок кайран жаштык согуштун залдарынан улам уурдана узап кеткенин кара. Деги ал мугалим болуп кандай иштеп жатты экен? Ушундай ойлорго башын чатыды.

Каалга кагылып, “старший лейтенант Темирбаев, начальникке” деген чакырык жаңырды.

Токтосун элпектене туруп, боюн түзөп, курун тартынып, күзгүгө жүзүн тосту да арыштап жөнөп берди. Чек ара штабы да кооз жерден конуш алган, тегереги бак-шак. Ак кайыңдын жалбырагы маламык саргыч тартып, кусалыктан саргара күткөн кызга окшогонсуйт. Кочкул кызыл тартып, күндүн боёгун чаңыра сүртүнгөн бадалдар карт бойдокту капкайдагы санаалуу ойлорго сүңгүттү. Кеңсенин чет жакасына тигилген гүлдөр уругун чачкан, сөңгөгү солуган.

Токтосун уруксат сурап кирип:

— Жолдош полковник, старший лейтенант Темирбаев чакыртканыңыз боюнча келип турат.

— Абдан жакшы, жолдош пограничник Темирбаев, келгениңиз жакшы болду.

Олбурлуу, жазы маңдай, көгүлтүр көз, кыр мурун, ырайынан мээримдүүлүк уруп турган, элүүдө дегидей курагы бар Дмитрий Иванович Соколов кыйла жылдан бери Иранга моюн созо караган Тажикстандын чек арасында кызмат өтөйт. Полковник нак ушул жерде Орто Азиянын уландарын чек кайтарган жоокер болушуна өмүрүн сарптап келет. Өзбек, тажик, түркмөн, кыргыз, казак уландарын өз уулундай асыраган ата сымал аёо сезими күчтүү. Не дегенде ал Орто Азия чөлкөмүндө төрөлүп, алардын каада салтын, наркын, мүнөзүн толук билген, ал тургай тилин да үйрөнгөн педагог офицер.

Үйлөрүн сагынган деген кыязда Түркестан согуш округунун командачысына такай кат аркылуу өтүнүп, мыкты жоокерлерди эс алууга жиберип турат. Адамга боор сала карап, аңгеме-дүкөн курганда боюна имере сөз айтып, достошуп алмай адаты бар. Өлкөсү кандай кенен болсо, ошондой ой өрүшү чалкып турган, адам аттууга ак тилек каалаган, кара кылды как жарган орус баласы ар бир жоокерге ата-баладай мамиледе. Ошол себептен чек арадан чычкан да жорголой албайт.

Дмитрий Иванович башын Токтосунга ийген кыязда ага олбурлуу денеси ооган өңдүү боюн кармап, жумшак дабышта үн катты:

— Жолдош Темирбаев, биз сизди толук билебиз. Жакшы комсомолдук уюштургуч, мыкты партиялык кызматкер экениңиз бизге жети жылдан бери жат. Анын үстүнө такшалган саясий кызматкер экениңизди жан дүйнөңүз аркылуу данистелеп койдуңуз. Кыраакы чек арачы болуш арзан иш бекен; оо, нечен сыноолордон өткөндө далай жоокерлерди суктандырганыңызды кантип жашырабыз. Атчан аскердик машыгуулардан өтүп, жедеп кандим болгон жайыңыз бар. Убагында ошолордун баары эсепке алынып, мүмкүнчүлүккө жараша сыйлап келдик. Сиздей кадрга эми биз муктаж болуп олтурабыз, — деп полковник үстөлүнө чалкалай берип, Токтосунга жылмайыңкы беттеди.

— Ыракмат, жолдош полковник, сиздердин тажырыйбаны, тарбия-таалимди, насаатчылыкты жан дилибиз менен канга сиңирдик. Анын баары Ата журтубузду коргошто жана тынчтык мезгилде жаштарды ар тараптан өстүрүшкө аркасы тиет. Сиздерге ыракмат, сиздерди жетилткен партияга алкыш, — деп Токтосун жооп ирээтинде көңүл толкута кеп жөнөттү.

— Албетте, ананчы ... Кептин маңызы эң аягында жатпайбы ... Жети жылдап ишенимге бекиген сизге согуштук сырды ачууга ыңгайы келди.

Полковниктин чечиле сырлашканына жетине албай, таазим эте баш ийкегилеп, кубаттай берди.

— Келерки кырк тогузунчу жылдын январынан тарта мурдагы эски чек арачыларды үйлөрүнө жиберишке буйрук алдык.

— Абдан жакшы, сиздерге өмүр берсин!— деп Токтосун күлүмсүрөп, көзү бажырайып, жүзү албырып турду. Анын үстүнө көп жылдык эмгек бааланып өлкөгө ишеними арткан адам катары эсептелиши эмне деген баа жеткис сыймык. Анан калса, согуштук сырды алдына жая салып, акыл курганы аны чексиз кубантты.

— Сиздерге дайын болгон өздүк курамдын токсон проценти аткарган кызматы боюнча да, жашына карап да үйлөрүнө жиберилүүгө тийиш. Бирок мамлекет чек араны кароосуз калтырбай калсын. Ошончолук аскер дагы эле биздин өлкөнүн чыгыш бөлүгүнөн толукталат. Ал эми алардын баары согуш маалында окуп билим алышты. Тарбия-таалим жана түшүнүгү бир аз өсүңкү дечи согуштун алдындагы жаштарга караганда. Ошентсе да аларды тарбиялашка жарым жыл убакыт сарпталат. Ошол себептен көрсөтмө келди. Өзүн ар тараптан көрсөтө алган жоокерлерди келишимдин негизинде өз ыктыяры менен эң кеминде үч-беш жылга офицерлик кызматка калтырганды буйрук этишти. Дал ушул кезде сиз офицердик кызматты өтөп жатасыз. Эгер сиз келишимди макул таап кала турган болсоңуз жаңы жылдан баштап офицердик наам ыйгарылат да мындан жети жыл мурда машыккан окуу жай пунктунда иштейсиз. Экинчиден, жаш чек арачыларда орус улутунан болбойт,— деп тыныгып калды да Токтосундун бет элпетинен бир нерселерди окугандай карап алды. Тынымдан соң Ата журтту коргошто чек арачынын парзы өтө баалуу экенине токтолуп, аны ыктыяры менен калышка алынын келишинче азгырды.

Ээ, дүйнө-ай, жети жылдап жергесин көрүшкө зарыккан, ата-энесин сагынып көңүлү тарыккан тоолуктун алдына тоодой алтын үйсө да токтобос эле. Арга не, кадр кемчилигинен зарылып жатканын Токтосун туюп:

— Атам кары, ага акылдашпасам уят болот биздин салтта, — деп боюн ала качты.

— Болуптур, жолдош Темирбаев, андай болсо, сизге отпуска буйрам. Атаңыз менен акылдашып, макул тапса, үйлөнүп туруп келсеңиз ого бетер орун-очоктуу офицерге айланасыз, — деп ууртунан күлдү.

Тоолук антип үй-бүлөсү менен аскер кызматында өмүрүнүн гүлдөгөн учурун сүргүнгө тете казармада камабай турганын, тоолук эзелтен бери бир өңүрдөн бир өңүргө жайыт которуп көнгөн эл экенин билип турса дагы сынамакка ошентти. Ал эми орус калкында чек күзөткөндү ыйык парз деп эсептешкендери арбын болгондуктан улуу өлкөнүн сакталып турушу бекеринен эмес. Орус тукуму “Ата журт үчүн!” десе башы сөзсүз чек арада калат. Орус наамына жамынгандар “Ата журт” деп обол мурда айгайлайт да байлыгын артынып, алтындан чек арага анча-мынчасын калтырып, самаган жерине салып урат.

Албетте, Ата журт намысына тоолуктар да кан, жанын сарптаган, ошол себептен өз өлкөсү бар улут делинип, дүйнөгө таанылып келет. Ушул эле штабдын начальниги Соколовдун ич ара кептешип калганда: “Орто Азиядагы улуттардын арасынан кыргыз калкы меймандостугу, сабырдуулугу, жоокерликти баалап, адамды ардакташ жактан айырмаланып турат”, — деп оозунан чыгып кеткени бар. Токтосунду жактырып, сөзүн өлтүрбөгөн, абийирин ардактаган командир экенин баалап, ага согуш сырын жая салышы жөн жеринен эмес.

II

Токтосун өзүнчө санааркайт: “Кол кудайдын мөөрү” деген, эми буларга кандай жооп кайтарам. Ата-эне, эл, журттан безип каламбы? Ыктыярым болбосо зордомок кайда?...” Айтор, Соколов менен баарлашып кайткандан бери жүрөгүнө тамак баспай, думуккансып, жаман түштөр жүдөтүп жиберди. Күндөрдүн биринде түшкө маал заставанын начальниги:

— Жолдош Темирбаев, отряддын буйругу менен сизге отпуска жарыяланыптыр, — деди. Токтосун сүйүнүп кетип ыракмат айтты. Ушул арада чепеңдеген жоокер:

— Ашхабадга машина жөнөп жатат, — деп курбусуна күчөнө сүйүнчүлөдү.

Токтосун угар замат начальникке кирди:

— Жолдош начальник, уруксат этиңиз, жаңы чемодан сатып алайын. Өтүкчүгө акчасын төлөп койгон элем, өтүгүмө барайын. Кайра келип отпускага жөнөйүн, — деди. Заставанын начальниги шар, ичи кенен, баарын тең санаган педагог-командир. Аты-жөнүмөн чакырбайсың деп айтчу эмес. Ошол себептен баары эле: “Жолдош начальник” дегенге өтүшкөн.

Заставанын Ашхабаддагы базасына түш оой барышты. Жолдо ката курбулары отпускаң кут болсун, башыңа бакыт консун, — дешип каңкуулашпайт бекен? Токтосун алардын тамашасына маашыр эте:

— Кечинде достор, ишти бүтүрөлү, — деп шаарга жөнөп, иштерин ыкчам бүтүрүп, шашкалактап базага келсе: “Машина эртең болот”-деген жооп алды. Кечки тамакка бир жарым саат калган эле. Ашмачыга кирип, астейдил амандашкан соң тамакты калтырып коюңуз деп өтүндү.Үч курбу киного чабышты. Булардын бири – түркмөн Исмаил, бири Воронеждик Саша – экөө тең ак көңүл достору.

Кино аяктаган соң Токтосун курбуларына “жууп” бермекке эки чоң бөтөлкө вино алды. Базага келип, ашканага киришсе, гречка боткосун калтырып коюптур, ага да шүгүрчүлүк деңиз. Согуш жаңы эле аяктап, элдин оозу ашка эми, эми гана жеткен өндөнүп калган. Үчөө бажырашып, стакан артынан ак тилектер айтылды. Ээ, дүйнө-ай, андай эзилише боордошкон күндөр, жоокердик үлпөт — өмүрдө өчпөй калаар окуялардын бири го, чиркин ...

Кужурашкан курбулар бата тилешип, ордунан козголгондо үрөй учурган шуулдаган дабыш угулуп, көз ирмемде жер силкинип, дубалдар урай баштаганда кым-куут кыйкырык күчөп, имараттан качып чыккандар андан. Токтосун сыртка обдула бергенде ураган дубалдын каалгасы сол ийнине тийгенде эки метрче учуп барып жатып калды. Электр жарыгы жалп өчүп, айлананы кара түтүн басып, чаң уюлгуп, көөдөй караңгылык чүмкөп алды. Бири-бирин чакырышып, аянтта асылып турган таш фонардын астына топтолушуп, дендароо тартып, үн да, сөз да дымып, бири-бирине ыкташат.

— Жер силкинди окшойт. Мындай алааматты көргөн жок элем, — дейт эми эле эки стакан винону басып алып бажаңдаган түркмөн жигит.

— Андай эмес, Америка бомба таштады окшойт.

— Эй, Японияга таштаган атом бомбасы болсо тирүү жан калмак эмес. Дагы бирөө тыңсынып туурадан чыкты.

Түтүн жана чаң уюлгуп, көздү ачыштырып, тамакты кычыштырып жиберди. Баштары айлан көчөк этип, бири-бирине сүйөнөт. Дале караңгы. Бир саамдан соң булардан алты жүз метрдей жерден оболу жаркылдап, андан соң пулемет атып жаткандай татырап, тарс жарылып туруп, кызыл жалын уюлгуп тилин соймоңдотту. Алоологон жалындын жарыгы каптап, коркконунан бири-бирине жармашкан кишилердин үрпөйүңкү жүздөрү көрүнө калып жатты.

— Айнек заводу өрттөнүп жатат. Жер силкингенде электр өткөргүчтөр ажырап, өрт чыккан тура, — деп булардын арасындагы электрик аныгын далдап айтты. Ал дагы кошумчалады:

— Калаанын көп жеринде өрт чыгып, туман каптап жатканы ошондон. Ал эми баксадан, ылайдан салган тамдар урап, чаң асманга көтөрүлдү. Бир аздан соң тарайт.

Бул алаамат зилзала 1948-жылдын биринчи октябринде түнкү саат туура бирде болду. Командирлердин бири:

— Тургула ... Тезинен күрөк, курал алып, там басып калгандарды табалы. Болгула, — деп бакылдап алды жакта жүрдү. Таң каракчысына ар кайсы жерде бирдемелерди издеп таап, ураган имараттын алдынан алты жоокер табылды. Бирөө мүрт кетиптир, Экөөнүн кабырга сөөгү кабырылганбы, айтор, онтолойт. Дагы экөө араң жан.

Түшкө чукул чек ара округунан командирлер келип, он төрт жоокерди бөлүп алып, болушунча куралдандырып, шаардын түштүк четине алып барып, мерчемдүү, мерчемдүү аралыктагы жерлерди бөлүп берди да:

— Эч кимди чыгарбайсыңар, бир да бирөөн киргизбейсиңер. Ким шартты бузса, жоопко тартылат.

Кыймыл эткен, же чет жакты көздөй умтулган жан жок. Калаа калкынын канчасы тирүү, канчасы жарадарын болжош кыйын. Тээ четтен үч-төрт киши эшек арабасын айдап кетмекчи болду эле кайра кайрышты.

Токтосундар кезерип ачка, күн батып баратты. Калаа жан серек болгон зор денедей сулк жатат. Нак ошол маалда нан консерва, суу алып келишти. Калааны кайтарбаса өлгөндүн үстүнө көмгөн эткендер табылат. Калаа ичиндеги тартип да Түркестан согуш округунун командачысы, армиянын генералы Петровдун командалыгына баш ийди.

Токтосун түн бою чекти күзөттү. Кайдагы уйку... Жантаярга жай жок.

Эртеси таң атканда чек арачыларды өз заставаларына тез жөнөтүшкө буйрук берилди. Токтосун Новиков аттуу шоферду таап, экөө жөө жалаңдап төрт километрге узашты. Машина айдап чыгышка жол жок эле. Ошол себептен аны базага калтырышкан. Заставага баруучу шоссеге жетип, машина тосушту. Көп узабай бир мекеменин жүк ташыгыч машинасына жармашып, араң дегенде чек арадагы заставага жетишти.

Застава аман, имараттан бир аз жарака кеткен, бирок өздүк курам тикеси менен тик турушкан экен. Токтосундар тапшырма алышып, төрт-беш саат эс алган соң чек арага күзөткө чыгып кетишти.

Токтосунга берилчү отпуска создугуп барып, 24-октябрда колуна буйрук тийди. Калгандырыныкы кечеңдей берди.

III

Токтосун көргөн-билгенин, башынан ткөн окуяларды чөнтөк дептерине чиймелеп коёр эле. Күндөрдүн биринде застава начальнигинин кабинетине бара калып, иштер боюнча рапорт берип бүткөндө анын көзүнө “Күндөлүк” деп кооздоп жазылган дептер чалдыкты. Ошондо барып: “Күнүмдүк маанилүү окуяларды жазып койсо, кийин кереги тиет тура”, — деген ойдо бир-эки шилтей коюп жүргөн. Бирок анысын жоготуп коюп кийин өкүнүп калды. Ошентсе да урунттуу күндөрдү жаза коюп, эсине сактады. Ал бир көргөн адамын, уккан таасирлүү сөздөрдү эч унутчу эмес.

Ал эми отпускага буйрук алган 24-октябрь күнү бүгүнкүдөй эсинде. Ала булут каптап, саал ичтен кармама суук эртели-кеч бетти тызылдата чымчылап калган. Узатып чыккан курбуларына папирос жана момпосуй алып берген. Үйгө барам деп ээлигип алган Токтосундун жүрөгүнө тамак баспай, негедир ток. Санаа алда кайда, эл, журт, киндик кан тамган Таштак көз алдына тартыла берет. Андайда сааттын жебеси таш баканын арымы сымал солгундап чалып ич бышырат-ов. Каткырык, поэзия биринин артынан бири тизмектешет. Ийинден ныгыра баскан жүктү серпе салып, ээн-эркин желип-жортуп жүргөн тирүүлүктүн бейиши го. Акыркы жылдары аскердик казарма Токтосунга капастагы учкул куштун көргөн күнүнө тете сезилди. Бул саам көңүлү асмандап, анда-санда “Эсимденин” обонунан созо коёт. Төтөн Жалалабатка келгенде тоонун абасынан кере-кере дем алып, жаны жай алып, айланасынан тааныш көрүнө калабы деп көз жүгүртөт. Эч ким көрүнбөгөн соң акыркы автобуска илинип калайын деп вокзалга жетти. Эл толуп калыптыр. Токтосунду көрө коюп басып жыгылышты.

— Эрте жетип, сүйүнчү алабыз дешкендер андан.

Айтор, эл, журт ошондойдо көтөрүп алаарын Токтосун эми гана туйду.

Атасы сыга кучактап, эки бетинен эки өөп алды да, энесине жол бошотту. Эне кирээрде башынан суу тегеретип чачып, оңгулуктуу көрүшкөнгө буямасы келбеген.

— Алдыңа кетейиним, аман-эсен келдиңби? – деп кош колдоп башын кармап өпкүлөдү. Кубанычтан эреркеп, көзүнүн кычыктарына токтогон жашын буурчактатып, жалына берди. Энесинин куудураган алаканы бети башын сүргүлөгөндө уулунун да сагынычы басаңдай түштү. Кадырбек иниси, эки карындашы, айтор, баки-жогу бүт эле жыла бастырбай курчап алышты. Андан соң Ашырбай аке, аялы менен келип, бооруна кысып, бетинен сүйдү.

Токтосун баарына алмай-термей карап, сүйүнүчтөн өңүнө кан чуркаган жүзү менен ар бирине кадала карайт.

— Азырынча отпуска, бошотуш эмки жылга деп турушат, деди да атасына тигилди. Маанайы саал басайыңкы, колхоздун кара жумушу, үй-бүлөнүн түйшүгү, согуштан кийинки каатчылык, өп-чап турмуш – ушунун баары каржалтып койгон атасына тигилет. Бирок жедеп кара жумушка дагды болуп, жашынан тирликтин запкысын жеңе билген атасы али күүлүү-демдүү эле. Энеси дале баягыдай чапчактана кыймылдап, камбылдыгы кадимкидей. Кадырбек иниси бой жетип, жыйырма эки жашка чамалап, оор түйшүккө бышып, кыш куюп, там салабыз деген тилекте шымаланып турганын баамдап кубанды. Карындаштары да бой жетип, бири жетини бүтүп, бири алтыга көчкөн. Бирок кийимдери өтө жупуну.

Ашхабаддан ала келген базарлыктарына бапырап калышты. Тандыр нан сала келгени абийир болуптур. Бул чөлкөмдө дан өтө тартыш, эл дале тоюна элек. Ирденгиче болдубу. Согуш аяктаганына үчүнчү жылга карады. Эң мыктысы арпа ун менен сатыкка келген унду аралаштыра нан жаап, бардар өндөнүшөт. Арпа нан, жүгөрү нан жетик үй-бүлөдө болбосо талкан салып чай ичкендер канча; сабизден чай жасап саткандар андан.

Токтосун атасына акыл салды. Соколовдун оюн туйгузуп, андан кандай кеп чыгаар экен деп күттү. Атасы аны чолуй бир карап алды:

— Ээ, балам, өлкөгө өмүрдү арнаган ардактуу иш. Бирок өзүбүздү да унутпайлы. Мендей башкарма болгон айрым амалдуулар акчаны басып койгон имиш, алиге тың, алдуу-күчтүү. Коммунист катары мен, аялдар өкүлү – Ырыс бүт ортолуктун байлыгы деп журүп эч нерсе жыйнаган эмес экенбиз. Буга да шүгүрчүлүк. Эл менен улуу той – согушту чогуу көрүп жүзүбүз жарык. Сен дагы жети жылдап жетик иштеген үчүн колдон чыгаргысы келишпей жатканы ошондон. Эми бир аз жашоо тирликтин камын көрөлү, үйлөн-жайлан, ирденели. Быякка келсең колхоздун байлыгын көтөрөр мыктылар аз. Командириңе ата-энем макулдугун бербеди деп ачыгын айт. Тил ал, уулум.

Атасы деле майдалап көп сүйлөбөгөн, айтканын аткармайын тынбаган адаты бар. Баласы деле ошол ток этерине токтолот да дымып турат. Ошондон улам айрым баамчылдар: “Бул тукумга ата-бабасынан бери тагдыр сөздү коюп, ишти берген окшойт”, — деп калышат.

Токтосун эми биротоло айылга келип, самаган ойлорун четинен аткармакка ниеттенди.

Аскерден жыйнап келген акчасына ата-энесине, бир туугандарына бир сыйра кийим-кече алып берди. Эки эчки сатып берип атасын сүйүнттү.

Согуш маалында бир үй-бүлө бир эчкинин сүтү менен жан сакташкан.

Кайра кайрылып келе турган болгон соң колхоздун жетекчилери менен иш тууралуу сүйлөшүп койсом кантет деп кеңсе тарапка бет алды. Башкарма Орокбай эле. Кат сабаты ачылып, күнүгө газет окуп, доордун агымынан калбай, тынымсыз эмгектенген адам Токтосунду көрө коюп, амандык сурашкан соң:

— Кел, айланайын, отпускада жакшы эс алып жатасыңбы? Биздики баягы эле колхоздун түмөн түйшүгү, эс алыш арам, план толтурам дей берип өзүңдү болтуруп аласың. Силердей билимдүү жаштар келсе биз жанды жай алдырган чарбага өтсөк деп самайбыз, — деди.

Муну укканда Токтосун жумула түштү:

— Аба, бизди эмки жылы биротоло аскер кызматынан бошото турган болуп жатышат. Буйруп келип калсам ылайыктуу иш табылаар бекен?

— Оозуңа май, айланайын, силердей билимдүү, орусчаны оруп түшкөн, партиянын саясатына аттанып түшкөн жаштар келсе деп эңсеп турбайбызбы. Кандай келсең ошондой кызмат белен. Мен деле аттан түшүп берем, колхозго Темирбай акем түт келбей, түшө качпадыбы, — деп ак дилден арсалаңдап күлүп, акылын айтты.

Он күндүк отпуска бүтүп, Токтосун заставасына келди. Убадасы боюнча Соколовго кирип, жай маанисин, ата-энесинин карылыгын, бөбөктөрүнүн жаштыгын, жашоо алиге оор экенин айтып бергенде начальник жайдарылана:

— Болуптур, жолдош Темирбаев, убакыт келгенде үйүңө барасың, ага дейре иштей бер, — деди.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн


© Ашымбаев К.А., 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 8376