Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Ашымбаев К.А., 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 23 январы

Калканбай Ашымбаевич АШЫМБАЕВ

Бой тумар

Асыл ой берметтери, акыл-сезим дүрмөттөрү, уютмалар түрмөктөрү. Кыргыз тилинде

Калканбай Ашымбаев. Бой тумар. – Б.: Эркин-Тоо, 2007. – 112 б. китебинен алынды
УДК 821.51
ББК 82.3 Ки 
  А 98
ISBN 978-9967-24-421-4
А 4702300000-07

 

Ассалоому алейкум, ардактуу окурманым, жана болочок жеткинчектер!

Абалтан калган салтка салып,амандык сурашып алганыбыз адамдык ыйык парзды актаганыбыз болор. Силер эсен болсоңуздар, биз эсенбиз. Ушундан соң уя баскан ойлордон учкай гана кеп урайын.

Жыйырманчы кылымдын аяк ченинен баштап, ХХ1 кылымдын баш чендеринде кай бирөөлөр караңгы көрдө жаткан арбактар менен аңгеме дү— көн куруп, алтургай алардын сырын тартышып, эркин чыгуучу гезиттерге жарыялап, эс-акылы быша электердин, карыса да акылы алешем бойдон калгандардын оозун ачырды. Кай бирлери көмкөрүлгөн көк асмандын жети катарынан наркы тереңдиктеги Теңирим менен космостук аян берүүчү касиет аркылуу сыр тартышты. Биздин эрага чейинки жана андан кийинки философтордун, илимпоз-ойчулдардын илимий эмгектерин аңтарып көрсөк, «а дүйнө» менен да, Алла талла менен да аян сымал аңгеме сырлар туурасында ныпым айтылбайт.

Ал тургай Теология илиминин докторлору менен пикирлешип, тереңдете собол салсак: «Кудайга күнөкөр болобуз. Ырымчылдык, бакшылык жана көзү ачыктык Мухаммед пайгамбардын хадисинде катуу айыпталат», — дешти.

Айтор, марксизм-ленинизм окууларын отко жагып, орто кылымдын өчкөн очогунан учкун издеген илимпоз сымалдар аалам сырын аңтара салгандай дарбышты. Ошолордун айрымы оро-пара жолуга калып:

— Ата, уулума бой тумар чийип бериңизчи кез-кез түшүнөн чочуйт, — деди

— Уулуңуз «а дүйнөдөгү» арбактар менен аңгеме курган аялдардын айыңын аңдап, американын «ит чагылыш» жана киши-өлтүргүч кинолорун көрүп жүрбөсүн.

— Үстүнөн чыктыңыз. Азыркы балдарың ошондой кинолорду түн бою көрсө да тажабайт. Анан калса, көз тийгенби-ай аруркап жүрөт, карааным десе. Сизге тумар чийдирип алышка ниеттендим эле.

— Бой тумар бир саатта, бир эле күндө чийиле койбойт. Аз дегенде көп айга созулат. Ошондо ал тумар адамдын жан дүйнөсүн аралап, канына сиңет

Уул-кызы «учуп жүрмө» илдеттерге кабылган ата-энелер айласын таппай ар кайда урунуп, дартка даба издешет. Ал тургай бөбөктөрдөн өйдө:

— Ата, мен канткенде жакшыга жанашам,— деп кат жазгандары арбыды.

— Коомго жайылган жапайычылыктын жабык дарты жалпыбызды жабыркатты белем. Бой тумарды бош жүргөн жан багар олжокечтер жаза албайт.

Ал сөз-көкүрөк дарт, көз жаш менен жазылат. Ал сөз— кыжырлана кайнаган кандан улам калкып чыгат. Элибиз эзели мындай айбандык кумарга батып, ач көздүктүн сазына тыгылган, ата салтынан ажырап, абийирден кагылган жорук-жосунду көрбөгөн. Ошол себептен эми гана ал жосунду арабыздан аластап салыштын амалым издеп, күрөшкө аттанып олтурушат. Калкыбыздын каада-салтын кайсап салаар, караңгылыкты жамынган кара санатайларга каалганы каалашынча ачкан калп каткырык, убадакөй качып кетти.

Ооба, эми гана баш-учту алып,уул-кыздарга, кала берсе, урпактарга Сиз тапшырган бой тумарды чиймекке калем жумшайын.

Бой тумар болочок муундарга да багышталат. Алардын өкүлүн Урук атадым. Асыл ой берметтери алардын көөдөнүнө үрөн сымал себилсин.

Эне көзүнүн кычыгына келген жашын жоолугунун учу менен сүртүп, алкап жиберди:

— Өлкө тиреги болор өспүрүмдөргө өрнөк көрсөтөр өзүңдөй карыларыбыздын көөдөнүнө кадимден калган нарк, салт түнөктөсүн. Калктан абийир алыстап, сезгичтик,адилдик жана айкөлдүк адашкан маалда алардын үрөнүн чубурткан элдик жүрөгүңүз түрсүлүнөн танбасын!

— Айтканыңыз келсин! Бар болуңуз!

Автор

 

Биринчи кат

Ассалоому алейкум, Урук бөбөгүм.

1. Адам болгум келет депсиң. Тилегиң кабыл болсун, жарыгым. Ата-бабадан абалтан бери: «Адам болуш аста-аста, акмак болуш бир паста» — деген макал калган. Адам болор уул-кыздын жашынан жатык өсүп, жалтаңына тартып, уяң, ызааткор, кичи пейил жана боорукер болгону — жабык жерде туруп алып, жалпыга жарыгын чачат, көмүскөдө жүрүп, көпчүлүккө ыракым арттырат. «Көкжалдар чыкса элиңден көпчүлүк көрөт пайдасын»,— деп Ысмайыл акын ырдагандай, өз камынан мурда эл мүдөөсүнө күйүп жанат. Ошондо барып эл: «Анык Адам тура, айланайын, кудай бизди куру койбоптур» — деген кудуреттүү сөзгө канат. Сөз билгенге, кеп түйүнүн чечкенге, адам жөнүндө мындан артык айтыш чекилик болор. Бар бол, Урук бөбөгүм.

2. Адам кай маалда таанылат депсиң экинчи соболуңда. Кай улутта болбосун: «Адамды сырт сымбатына карап кабыл алып, ой парасатына жараша узатып коёт», — деген накыл айтылат. Ошондон улам: «Сырты жалтырак, ичи калтырак» — деген учкул кеп ооздон оозго көчүп келет. Албетте «Жыгач көркү жалбырак, адам көркү чүпүрөк», — деген кепти көкүрөкө түйгөн оң. Бирок, бир күндө үч кубула кийинип, ошого жараша жүзүн да, дилин да өзгөртүп жибергенди «Дилдирек баш» дешет. Андайлар өңдү көрсө, жүз тайды; мансапка көшөкөр,байга жугундукор,кедей кем бегалды тушарына теңебес зор. Билимдүүлүгүн тилинен тааныткан, көрүнгөнгө акыл айтып жадаткандар элге эрте билингени болбосо, тезирээк эстен чыгат.

Урук бөбөгүм, улуу адамдардын өмүр жолу жөнүндө жазылган китептерди окудуң беле? Алардын баары карапайым, жөнөкөй, антка бек, өлкө тагдырына өмүрүн сайган инсандар. Жөнөкөйлүктүн өзү-улуулук. Буга бир гана тарыхый мисал — И.В.Сталиндин өмүр бою жалгыз шинел, жеңи кырылган күрмө, тумушугу көөнөргөн батинке менен өтүшү мисал. Кезинде югославиялык карт коммунистер: «Биз Сталиндик шинелден чыкканбыз» — деп «Правдага» жазышкан.

Биздин эрага чейинки төртүнчү кылымда жашаган Кытай даанышманы мындай деген экен: «Аскер кийимин кийген падышанын сырткы түрүндө: «Элим, мен сенин жоокериңмин, мени кайда буюрсаң ошол жакка даярмын. Мен сени жат душмандан коргойм», — деген ой катылып жатат..»

Демек адам, сырты алтын, күмүш жалаган сымбаты сылык сыпаа,бал татыган сөзү менен эмес, калкына каржилигин казык эткен эмгеги менен бааланат бекен?

Ошондон улам: «Жакшы өлсө — баркы калат, жаман өлсө — тарпы калат», — деген накыл тараган.

Бар бол, Урук, бөбөгүм.

3. «Үн катпаган үйдөй балээден кутулат» дегендин түп жайын сурамжылапсың. Кай бир сөздүн кош канаты болот; башына күн түшкөндө башкага байкатпаган оң; душманы кыйнаганда сырын катып, ооз ачпаса, албетте, андайда кырсык кыйгап өтөт. Ар качандан — бир качан ишин тымызын бүткөргөндөргө эл суктанып келген. Капыстан камдалган иш калк оозун ачырат. Тымызын байкалбай жүрүп, ой-максатын жан адамга туйгузбай жабык күтүп, бийик максатына жеткендерге ким болбосун суктанат. Непада, бүткөрөр ишиңди, ички сырыңды ачыкка салсаң ээн ооздор экиленте алып учуп, аның аткарылбай калышы ажеп эмес.

Ошол себептен жаагын баскан жабык сырлуу жараңдарды жан бүткөндүн баары жактырып келген. Тилин тишине камаган— сыртта калат коогалуу калабадан. Ушуну унута көрбө, Урук, садагам.

4. Акылмандык жана эрдикти эңсептирсиң, Уругум. Бул экөө жүрөктүн эки толтосу сымал, кудуреттүүлүк менен өлбөстуктүн үрөнүн чачат. Акыл менен күч— көз менен кол сымал. Акыл жетик болуп, эрдик кемтик болсо, суу жетпеген такыр сымал. Акылсыз кайрат-абийирден айрат.Күчүнө чиренген каман кыял— өз өмүрүн кыяр.

5. Менден үмүт эткендер арбыды депсиң, акыркы соболуңда. Ошонун өзү жакшы саамалыктын санаты, колунда барын аябаган жоомарттыктын адаты.Башкадан садага алгандан көрө алсызга ажат ачканың абийир тапканың.Алтын башың аманда сенден алайын деп турсун, бирок «ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын» дегендин бети курусун. Бул жагын да эсте, көрөңгүңдү көңтөрүп, ашкере чаап кетпе.

 

Экинчи кат

Ассалоому алейкум, ардагым Урук!

6. Жетилген курак жөнүндө жеке пикиримди сурапсың жарыгым, Урук, Сен жарыкчылыкка келгенде атаң асан чакырып ак тилек менен атыңды Урук атады. Ушуну ата-баба салтын, ар намысын жана абийрин, эрдигин жана айкөлдүгүн кийинки муундарга урук сымал чачыраткай эле деген улуу тилекти артып олтурушат. Ал эми, андай адам жашынан абийир күтүп, күн санап, акыл-оюн байытып, денесин чыңап, эркин курчутуп, кыйынчылыкты жеңе билген эмгекчил, ар өнөргө машыккан эпчил болгону кажет. Ошондо барып, ою тереңдеп, акылы бышып, көз карашы кеңип, улуу максаттарга кол сермейт. Кай бири эрте жетилет, кээси кечеңдеп барып телчигет. Айткан сөзү — акыл-ой; бүткөргөн иши бүт элге пайдалуу келип,күнүлөшүнө да күлө бага кол берип, жамы журтка жагымдуу көрүнгөн инсан менен аңгеме-дүкөн курушту аңсагандар арбыйт.

7. Бийлик ээсинен бийик турушка болобу, деген соболуна кесе жооп кайрыштан кетенчиктеп турам. Мансаптууну жеңип басынтам деш чекилик да, ыңгайсыз да, коркунучтуу да болот. Ырас, жеке сапат жагынан бийлик ээсинен ашып тургандар арбын. Бирок,бийлик-ызакор, шекчил, бардыгын багынтышка кумар.Бийликтен ашам деген башын жеген, теңдешем дегендер текөөрүнө кабылган, буларды астыртан аңдаган амалкөй куу ага кудайындай табынган. Алардан артыкчылыкты аңдатпай, кеп-кеңешин жандатпай, бергенине кубанып, дегенине жубанып, күн өткөргөн оң. Асман түпкүрүндө жымыңдаган жылдыз толгон айга тоскоолдук этиш кайда?

8. «Жоо сайган батыр эмес, дене кумарлыгын женген батыр» деген акылман сөздүн түпкүрүнө үңүлгүм келет депсиң, укумчул Уругум. Дененин жүрөктөн төмөнкү мүчөлөрү акылсызды азапка салат,ач көз соргок денесин көтөрө албай,айыкпас дарт табат; айлуу түндө адашкан, сойкуларга жанашкан, алыска жашаар сапарынан калат. Дене кумарын тыйган мүрөк суусун татканып, панардай жанат.

9. Жердештериңдин жексур жорук-жосунунан адаша бил, урматтуу Уругум. Байыртан бери жолочудан жолуга калгандар:

— Кай элден, кай жерден болосуң, кимдин уулусун?— деген үч соболду алдына тартышкан.

Бир эл — момун чалыш, айкөл жүрөк,адамды турат алга сүрөп. Бир эл кылычынан кан тамган, коңшуларына жанжал салган; бир эл арампөөш, жуукур,ай-ааламга акылы жеткен, алтын-күмүшун артынып алып, ичкен кудугуна түкүрүп кеткен. Бири жүрөт— мал эмчегин эмген, бири-жерден алтын эңген, адал жүрөк кудай деген. Демек, кыргыз элиңе сыймыктан, Уругум. Азыгын алыстан келер мейманына сактаган,жүрөгүнө кылдай арам жатпаган эл тез алданып, ал жоругун айыптап, бат оңолот. Элине коргон болоор уул ызалыктан бийик турат, ыпластыкты боюна чендетпей, ыймандуу, абийирдүү жаштарды жанына имерип, жаңы конушка илгерилей берет. Ошолор гана эли-жерин сатпайт, атага наалат келтирбейт.

10. Бактылуу менен басташпа, даңктуудан адашпа. Жарыгым, Урук, бакыт көз ирмемдик көрүнүш тез өзгөрөт, ал эми атак, даңк-кебелбес кенч. Күнүмдүгүнө-бакыт өтөт,түбөлүгүнө-абайир, атак укум-тукумга жетет. Бирок, абийир, атак азап-тозок менен оролот. Ушуларды эсиңе тутсаң, атак-даңк артыңдан өзү барат.

 

Үчүнчү кат

Ассалоому алейкум, Уругум!

11. «Акыл ооштур, ырыс жугуштур» дегенге чала-моңол түшүндүм депсиң өткөн жолку катыңда. Абалтан калган макал-лакаптын тек-жайын терип-тепчип туюнтпаган, ишенимдүү мисалдан муютпаган айып өзүбүздө. Жашынан көптү көрүп, катаал турмушта кагылган,күн санап окуп, жан дүйнөсүн байыткан адам менен баарлашсаң турмуш мектебинен сабак алгандай демденесиң. Күн санап денесин ийлеп,эркин бийлеп, акылына акыл кошкондор менен аңгеме-дүкөн курсаң ыракатка чөмүлүп, жан дүйнөң жаңырат, оюң бийиктейт. Силер курдуу жаштар, жакшылыкты жай баракат жаңшап, өткөндү санжыралап, жөргөлөтө кеп урган карыларды кадала угушту каалашпайт. Мындай кенебес кемчилик учурунда бизден да кеткен. Аларды ар убак тыңшагандар эне тилдин ширесин татканып, акыл-ойго каныгып, салт-санаадан сабак алар эле. Байыртан бери каадалуу карыгандар кийинкилерди акыл-ойго карк кылышкан.

Сөзмөр, чечен, акылман, карыларды айлына чакырып, элине эрмек эттирген эстүү-баштуу уландар чыккан. Алар чогулуп, акыл-ойлуу аңгеме-дүкөн курган жер-абийир тапкызар, эне тилди баккызар академия деп туюн, жарыгым.

12. Табыят жана искусство өнөрчүлүк, туурасында собол кыйытыпсың. Табыят жана анын музыкасы жөнүндө улуу акын Алыкулдун ырын окуп көрсөң, жаратылышка жан киргизип, көркүнө көрк демеп, ажарын ачкан искусство экенин сезер элең. Колунан көөрү төгүлгөн зергер жана жез оймок жасаган буюмдар-көз жоосун алып, кыялыңды экилентип жиберер баа жеткис кунга тете. Демек, канчалык акылдуу болуп төрөлбөсүн өзүн өзү ар тараптан өркүндөтмөйүн алма сабагынан ашпай калат. Маданияты жоктордун наркы да, баркы да мүчүйт. Адамкерчиликтин алтын аягынан аш ичпеген,өзүн өзү өстүрүштүн камын жебеген оройлуктун очок башынан оолабайт.

13. Адалдана көрүнүп, айкөлдөнө төгүлүп, ак таңдуу сөгүлүп турганды акылман дешке болобу депсиң, Уругум.

Адам коому ар түркүн күрөш аркылуу адымдайт. Күрөш дымыган жерди өлүм сагаалайт. Акпагаң суу-адам ичпес уу деп бил. Күрөш агымына арамзаалык бөгөт коюшка бөйпөндөйт; бирок адилдик андан ашып-ташат; ошол себептен караөзгөй адалдыктын чүмбөтүн жамынат; таш боор сараң айкөлдүктүн ак кементайын чүмкөнөт; жүзү кара атар таңдын нурун сүртүнөт да адамдарды тымызын оң жолдон адаштырып, аңдоостон аласалдырып, абийрин төгүшкө кумарланат; ата салтынан айнытмакка арамдыгын ашырат. Мындай учурда көрөсөн көсөмдүк таң нуру алдында көөдөй караңгылыкты жамынган жүзү каралык жатканын; айкөл жана адилдиктин чүмбөтүнө оронгон караөзгөй жана ташбоор ач көздүк тукумдап алганын көрсөтүп коёт. Демек, ак ниетти алдамакка амал ашырган арсыздык акыр түбү бетине көө шыбанат.

14. Кай жорук калкка жагат депсиң, бир сөзүңдө. Оройлук баарын ойрондойт; жылан самал соймоңдойт. Сыпайлык сырдап жиберет; сылыктыгы менен бооруна имерет, озуна салам берет, карылыкка нур төгөт, жашоону жаркытып, жагымсызга болот бөгөт.

15. Акылман акылдашың болсун, Уругум, ажарына чыгат жашоо-турумуң.Тагдыр буйруп журтка башчы болсоң, элдик уул деген атка консоң айланаңа акылмандан топто. Кыска өмүрдү жашоонун жаңы конушуна кондурар-илим-билим. Көп окуп, байыркы акылмандардын айткандарын көңүлүңө токуп, дүйнө элинин даанышмандыгын көөдөнүңө көрөңгүлөтүп жүргөндөр менен ар убак акылдашсаң айтканың угумду, акыл-оюң жугумдуу болот.

 

Төртүнчү кат

Ассалоому алейкум уулум, Урук!

16. Акылга салып, ак тилектүү максатты көздөсөң аткармайын койбойсун. Абдан акылдуунун бошон эрк – «картаң бээге жаш айгыр» дегендей кеп. Тамашалуу таба урматтууга уу жуткурат. Акылга жеңдирбегенди — «эсиме жара чыкты» дедиртет.

17. «Ок тиштешкен анты көп, антынан да манты көп» деген сөздүн төркүн-төсүн сурапсың.Жоокерчилик заманда ок тиштешип, антташып алып жоого бет алганда мант берип, жанын ала качкан майтарылма жүрөктөрдөн улам айтылып калган макал. Ойку-кайкы оёндор түз жүргөндү түрлүү кырсыкка оодара тартып, ошондон олжо табышкан. Бирок,арка-тирек болор антташкан адамынан ажырап калышкан.

18. Тырышчаак менен зээндүлүктүн ажырымын айтып бериңиз депсиң. Ушул экөөнү тең тагдыр буюрбаса, көөдөнү сокур делет. Ортозаар бирөө оңбогондой тырышчаактыгы менен,илээндиге жеңдирген идиректүүдөн илгерилеп кетет. Атак албан эмгектен төрөлөт; жеңил-желпи табылган атак,жеткилең бааланбайт. Жогорку кызматка илинген идиректүү тырышчаак келип, күн санап күчүнөн тайбаса, атагын сактап калат. Ким жөндөмдүү,зээндүү шыгын пайдалана албай, өзү тандаган кесиптин чебери, адиси боло албаса,ага кечирим жок.

Ошентип, шыктуулук, зээндүүлүк тынымсыз тырышчаакты түбөлүккө боюна имерген жерде ийгилик көз жарат.

19. «Алтындын зээри учурат» ак дегенди абдан такып сурапсың акыркы катыңда. Зээр деген сөздү-сыйкыр деп да туюнса болот. Алтын курусун, кыялды терметет, асмандагы айга сол серметет; өлүмдөн бөлөктү өзүмкү дедиртет. Алтындуу алсыз падышанын тагына минишке куштар, бирок акыйкат бар өз чама-чаркына туштаар. Алына чактабай, алтындын күчү менен азыноолак атака илинет, бирок жер-сууга сатып алгычтыгы билинет. Ошондо барып,зээр учурган бечера чыныгы турмушка конот. Эл мүлкүнө эсирген акмактын укум-тукумун уятка жыгаар тавериги ошол болот.

20. «Падышаң кандай болсо,дооруң ошондой» — деген сөздү билишимче чечмелеп көрөйүн. Мен Сталиндик доордо, Хрущёвдун корунда, Брежневдин боорунда,Горбачевдун «кайра куруусунда», Акаевдин ызы-чуусунда күн көрүп калдым. Сталиндик доор-адам баласынын тарыхындагы алтын доор; кийинки урпактардын жашоосуна өрнөк этээр доор; Хрущёвдун совет элине чыккынчылыгы-урпактарды дос өңдөнгөн куйтулуктан сактап калаар сабак. Брежневтики атак, даңкчыл , жан жыргаткыч, Сталиндик темирдей тартипти ураткыч, ички душман уюктаган мезгил. Баарынан коркунучтуу, жашынан жат душманга сатылган жалган коммунист— Михаил Горбачев. Ал: «Мен коммунизмди уратмак элем, биротоло жоготтум»— деп мактана газетага жазды. Ошол 1990-жылдан бери Советтик эл менен кошо социалисттик лагерде жашаган калк капитализимдин кулчулдугуна айланды.

Өз элин, өз үйүн аткан Ельциндин «соратниги» Акаев үй-бүлөсү менен бүтүндөй өлкөнү тоноп туруп, чет өлкөгө качып кетти. Ошенип, дүйнө элине тирек болгон Сталиндик доордун духу; өлбөс-өчпөс өрнөгү кийинки кылымдарда жашай бермекчи.

 

Бешинчи кат

Ассалоому алейкум, акылман кепти аңсаган ардагым, Урук.

21. Бактылуу болгум келет депсиң. Бала күндөн бактыны эңсегендер эсепсиз көп. Бирөөнүн бактысы— миңдин капа-кайгысы болгонду көз көрдү, ошондон улам коом өзгөрдү. Демек, мен деген чөл, биз деген көл тура. Жеке киши бактылуу болуп жарыбайт. Көмүскө жерге жүрүп алып, көпкө аркасы тийген-бул сыймыктуу бакыт; өлкөгө, ата-журтуна сайылган өмүр анын бейитине ак ниет адамдар ысык көз жашын төгүлтүп туруп, тайынган өмүр.

22. Билимдин баалуулугун башбактата кеп урупсуң. Акылдуу ар качандан бир качан өзүнө да, өзгөгө да аркасы тийгендей билимге жетип, акыл-оюн кеңитип, таасири курч, таарып түшмө сөздөргө каныгып, өтө керектүү китептер аркылуу жан дүйнөсүн байыткан. Баарлашкан жерлерден байкаганың бардыр; илимий багыттагы акыл-насаатка караганда оттуу сөзгө, оптартма тамашага канык ойлор эстен чыкпайт. Эл ошондой маекти эңсейт. Бирине эркин маек, бирине акыл айткыч аңгеме дүкөн жагар; айтор,кыска келип, алга сүрөр, анча-мынча күлөр жагын көксөйт экен курган жан.

23. Кенедей кемтик-кемчилигине кейиген — кенебестигин бууй алган деп бил. Өзүн өзү уяткарып, соттой билгендер, абийирине чаң жугузбайт. Эгер абийир-атактуунун анча-мынча майыбы, болор-болбос айыбы болсо, арам ойлуу дал ошого бет тырмарлык этет. Ошол себептен «Акылдуу ит өлүгүн көрсөтпөйт»-, деген бекеринен акылмандын оозуна келбеген.

24. Кыялыңды кылтактай бил, Уругум. Кыял дегениң кылымдардын кыйрын кыдыртат, космос мейкиндигин аралатып, ай-ааламга сабалатат;акын-жазуучулардын көз алдына көркөм элестерди тартулайт. Эгер ошол кыял ташкыны эрктүү эрдикке байланбаса-суу акпаган кургак сай деп бил. Кыялга жээлигип, санаа менен байыган— максатынан тайыган. Таттуу кыялга алданган— бармагын тиштеп, оозун карманган. Куру кыял, куунатма сөз— куюн сымал чет өлкөгө кууп барат, андайлар Ата журтунан ажырап,алыстан ажал табат. Жээликтирме жел кыялды акылдуулар гана тыяр.

25. Баамдагычка бата жолдо, Уругум. Алдамчыны алдын ала аңдаган, көмүскөлүү көрө албас,ичи тарды сезе билгендерге: «Аман болуңуз» айта жүргөн абзел. Көзү ачыктык, көз караштан жүрөктөгүнү окуй билгиндер, адам оюн аңдаган төлгөчү-булар чындыктын бир аз үлүшүн гана туюнта алат. Сезгич зэрек акыл гана чындыкты түпкүрүнө дейре түгөлдөй алмак. Илимден чет ишенчээк бечералар-көзү ачыктарга жем болуп калаар.

26. Ар бир жанга ачкыч камда, Уругум. Ал ачкыч кандай дебе,капкайдан издеп кайгы жебе. Педагогика, психология, адабият жана искусство, баарынын төрөсү— философия. Бул билимден сырткары адамдарды сүйө билген,боор салган ийкемиң, ыракым арттырар айкөлдүгүң болсо, ар кимдин жүрөгүнө барар жолду сыйкырлуу килиттеп ачып аласың.

27. Көпкө кызыккандан түңүл, түпкүрүнө үңүл. Иштин маңызы-санында эмес сапатында.Асылдын тукуму жалкы келет, ит каалашынча күчүктөп берет. Теректей бой бергиче,теменедей акыл берсин. Сыртын алтын жалаган калың китепке качыргандар уктайың деп алчу болду; мукабасы жупуну ойго канык жука китеп унутулуп калды. Көөдөң керген бар көп нерсеге чөп башылап,акыл таразасына түшкөндө туруп беришет кежигесин кашылап.

28. Жалпыга жагыштан жалтайла, Уругум. Жумурай журт жумурумда,ачсам алаканымда, бассам таманымда деген теңирсиген төрөлөрдөн алыс бол, жарыгым! Дал ушул жыйырманчы кылымдын аягы, жыйырма бирдин башы чендеги элдин дүүлүкмөсү бөтөнчө; оозуна эмне келсе ошону айта салышат; эмнени кааласа,аткармакка жанкечтиликке барышат. Абийир кеткен жерде акча бийлейт да акмактарды курулай даңк, жалган мактоо асманга учурат. Андайда чаңдаяк чуу куйруктар акчага сатылып, көчүгү көлчүктө жатканды көчөнү чаңдата көтөрө чуркашат. Көөдөнсүздөр көптүн чаңына көмүлөт, абийри төгүлөт.

29. Акыйкатчыл болгуң келеби, ардагым! Бир катыңда акыйкатчыл, чынчыл, такыба адамдарды абдан жактырганыңдан улам көөмөйүндө көксөгөнүн жазыптыр деген ойго чөмүлдүк. Адил адамды алдоо да,коркутуп кордоо да колго түшүрө албайт; көптүкө салганга да, көктүккө таяп бийликке матаганга да адилдиктен кайтпайт.Акыйкатка аска болгондор саналуу ; бир даары көмүскө жерде макташат, кай бири катуу карбалас болгуча артынан калбайт;бирок коогалуу күндө кошоматты жандайт, акмактар ачык эле жек көрүп, куйрук түйөт; митаамдар адилдикти жалган сүйөт. Ошентип, акыйкатчыл досторуна карабай; бийликтин күчтүүлүгүн санабай, олжосуна алданбай жүрө берет. Алды-артына аңдабай адилдиктен кагуу жесе да сыймыктана башын какайта кармайт,андайларды турмуш өзү таразалайт.

30. Түккө турбаган ишке башмалдак атып киргең өзүн басынтып алат, эл оозунда алыкап болуп калат. Окумал өңдүүлөр бар арбак менен сүйлөшкөн, жазгыч бар жалгандыкты жалбырттата шилтеген, булар акылдуулардын шакабасына кабылат; акылы жана билими тайыздардын алкоосуна бөлөнөт. Бирок көптүн көңүлүн чөгөрөт.

 

Алтынча кат

Ассалоому алейкум, Урук уулум.

31. Бактылуу бар баскан жерине гүл өңгөн. Акмактардын артынан сансыз кырсык сагалап жүрөт, андайлар жакындарына убайымдуу санаа үйөт. Кээде кездешет, кирери-эл,чыгары-жоо,карманганы,ушак-айың,караөзгөй-доо.Эртели-кеч эсиңе алып, аярлана акылманга жанашсаң, алтын башын ар убакта эсен-соо.

32. Ак жолтойго кара жолтой аңдышкан жоо. «Ак жолтоюм»-дешет алыскы жолго чыкканда адамга ыракым этип, оң жолдон адаштырбаганды. Кадам сайын кастык издеп, касиретке кабылткан бар-булар кара жолтой келет. Эгер эл башына ак жолтой келсе, эл, журттун багын ачат, кокустан кара жолтой тушукса,калкты канашалайт, калыстык качат.

33. Ойт берип, оолагандын иши оңуна көчөт. Алтын убактысын уурдатып утурумдук упуракка малынгандын ыңдыны өчөт. Акылдуу ар кимди тажата бербейт ,ал тургай өзүн да өнбөгөн иши үчүн жемелейт. Көрүнгөндүн көңүлүн алам деген, акыр түбү кайгы жеген. Убакытка сараң карап, опаасыз иштен оолап өт. Бергенимден ашырып алам дебе, башыңды азат кылат азыноолак ырыскы деле.

34. Баа-баркыңды, чама – чаркыңды баалай бил. Табыйгы жөндөмүн талыкпай таптай алган, самаганына жетер чыныгы адам. Эгер өзүнүн жөндөм-шыгын, чама-чаркын билген болсо, көксөгөн бийикти жеңбес беле. Ошол себептүү эң башкы сапатыңды барктап, ошону өнүктүрүп олтур.

Биринин акылы артык, биринин өтүмдүүлүгү күчтүү. Көпчүлүгү сырт сымбатына, жүрүм-түрумуна шык оодарып,өсүштөн мүчүйт, болор-болбоско жетип алып, бир оюна бекип алып, жыргалга батат, ой өрүшү тарып.

35. Пикир-ой түзө жүргөнүң баалуу. Бул айрыкча маанилүү иштерде байкалат. Аңкоо дөдөйлөрүң курусун алар түккө турбасты төөдөй көрөт, кол жеткис бийиктикти тушарына теңебейт да пайдалуу жагын аңдабайт, кесепеттүү жагын талдабайт. Акылман ар тараптуу ой чалкытып, ошолордун арасынан терең жана бийик ойлуу жагына имерчиктеп, ал иштин түпкүрүнө илүү салып, маңызын ачат.

 

Жетинчи кат

Ассалоому алейкум, Урук уулум.

36. Өз бактыңды өзүң тап. Мен качан бактылуу болом деп жата берсең бакыт өзү келип, оозуңа түшүп бербейт. Бакыт – эмгекчил күжүрмөндү,жигерлене жанын жанга уруп издегенди сүйөт. Адал эмгек менен эрезге жеткенди— өз бакытын өзү тапты дешет.Бирөөлөр сени бактылуу кыла албайт.

37. Капыстан жүрөгүңдү канатып алба. Сенин жүрөгүңдү байкатпай багып,терең талдап, жашырыкча салмактап жүргөндөр болот. Алар сенин бактыңа ич тардык этип, чатыраган көпчүлүктүн ичинде жаалдана качырып сала берет. Нак ошол учурда өтө сыпайкерлик жана сезимталдык менен ызалыкка жеңдирбей, бийик турганың абзел болор. Антпесе,ажылдаша айтышкандан абийир гана төмөндөйт.

38. Акыл-ойдун жетилип бышкан учурун байкап кал. Жетилген курактын мөмө берип, гүл сымал урук чачкан малы кездешет. Нак ошол кырдаалды ого бетер бийиктетип, ар тараптан өстүрүп калбасаң, тымызын тыйыздай бересиң. Ар качан алды жакка умтулуш-күрөштү талап этет.

39. Элине берилген эмнесинен байкалат? Эл, жериме кара башым тартылуу деп айгай салгандын катаал күн түшкөндө, оозу жабылуу, жаны катылуу. Шайлоо маалында бей-бечерага, студент жаштарга байлыгын чачып, акылы тайыздарды өзүнө каратып, добушун сатып алып, шайланган соң чүмкөнө жатып алып: «Элим, сени түбөлүккө унутпайм» — деп күбүрөгөндөр чыкты. Саясатчыл салмактуу бечералар, ар качандан бир качан, оозунан Ата мекен жана адилдик чубурат; жат элдин чапанын жамынышып, бир күндө үч кубулат.Бир гана ак кагаз үстүндөгү мейкиндикте ой калкыткан, антка бек акын=жазуучулар гана калкына кылым бою берилгендер.

40. Ашкере сүйүнгөн – акырында күйүнгөн. Ашкере кетпе шаңданып, акмактар калбасын таңданып; чектелген түшүнүктүүлөр ченемсиз сүйүнүп, арзыбасты асмандатып,көрксүздү көкөлөтүп жиберип,көптүн көңүлүн иренжитип ошол аша чапмасы менен акыйкатты бурмалашат. Кудуреттүлөр кубанычка жарылбайт,кайгыга алдырбайт, адилдикти тандырбайт.

 

Сегизинчи кат

Ассалоому алейкум, аңдагыч Уругум.

Катыңда мени кандайсың деп сурапсың, шүгүрчүлүк. Бирок ошол сөз ооруган адамга берилет, ушуну байкай жүрчү.Оройлоно айтылган салам антотпос оорудан жаман.

41. Төрөлгөндөн төрө пейил жеке эле өзүнүн мүнөзүн багынтпай, табыятынан буйрукчул келип, башкара билгичтиги баа-баркын бийиктетет;өзгөлөрдүн жүрөгүн алып, тилин байлайт, андайлар арстан сымал жайлайт. Башкалар узак жаншап жатып жете албаганды ал жансап койгонду менен тындырат. Ошондо барып, эл өлкө тагдырын андайлардын колуна кондурат.

42. Билгендер менен пикирлеше бил, көпчүлүккө кептеш бол. Көптүн түрпүнө кара ошондон соң өзүңдүн оюңду баала; калың элдин сөзү-сөз, сүй каала, сүй каалаба. Непада, алардын пикирине каршы турганың, суук тумушук атанып курганың. Ала тополоңдун агымы бар, бир дары билип айтат, бири башкалардын тилине кирип айтат; сен сындаганды бирөөлөр жактырбай мактайт; кай бири кара күчкө акактайт. Топ жарган чечен көңүлүңдө жарамсыз пикирди жактырбаса да, көпчүлүккө бир таман оойт. Алгылыктуу ой андайда демин ичине алган ыйык жайда жашырынып турсун, пайдасы тиер чакта иргелген топко жарк этсин.

43. Акылмандар арасындагы ажардуулукту аңдай бил. Жакшы жакшыга жанашат, жамандан адашат. Акылмандар өзүнө теңдешке жакындайт бири-бирине ылым санашат;мындай ажардуулукту туя билгендер табыят сыйкыры катары карашат.Макулдашпай этпей эле алар табыша калышат; таанышып да алышат, улам-улам сырлаша берип, бири-бирине арзып да барышат;акыл-ойго канышат, ошол күндү бакытка тете балашат.

44. Алыш-коруш чакталуу, аша чаппаса абийир, достук сакталуу. Айланайын, Уругум, ушуну көкүрөгүңө бекем түй: баланча менен доспуз, куда-сөөкпүз, тууганбыз деп апыраңдай келгендер, ушак-айыңга жол ачып бергендер. Алыш-коруштун, ымаланын данакерлери болот, ошону этият, эсеби менен чактап,өзгөлөргө байкаткан дурус, нак ошондойдон ырбайт тымызын уруш. Башыңа күн түшсө, ушулар көтөрүп кетет деп эркиңди мокотуп, жигериңди койбо жоготуп.Эң башкысы өзүңдүн кудуретиңе ишен.

45. Жек көрүмчү жоругуңду жекире бил, Уругум. «Жаман көргөндүн бөркү казанбактай» деген сыңары нагыз барктууну суук көзгө алып, супсак сөзгө салып калма жоругубузду жойгон табир. Болбосо кай бир оён, улуу адамга атырыла бир— тиет. Эне тилин жерип, элин кордогон ашкан арсыз оңбойт; жакшылыкты унутуп, жамандыкты ойлогон эзели эки болбойт.

 

Тогузунчу кат

Ассалоому алейкум, ардагым Урук..

46. «Милдет арбын, сизге бар айтаар дартым» — депсиң бул жолку катыңда, мунуң табир. Жөндөмү мыкты, жүрөгүндө оту барлар улуу жана зор милдетти аркалап узанышат; мындай узак жолдо эң башкы нерсени багыттап баратып ара жолдо алаксыгандар өксүп калышат марага жетпей. Көшөргөн таш көчүктөр гана көксөгөн максатын тындырат. Өктөм кайрат, суюк кандуу көп милдетти үйүп алат; ар кайсыга чарпыла берип, аягында илкип калат кылдырап. Орундалбас орунсуз милдеттен оолай билген ордун табат.

47. Чексиз терең,ченемсиз берен бар бул жарыкчылыкта. Булардын сырты кунук, ичи тунук, жүдөөнкү какмар, жүрөгү-чалкар, сөзү өлбөгөн, бирөөнү «Сен» деп көрбөгөн. Кай бирөө бар сыртынан жан адам даагыс, ичи бар оозго алгыс. Сакалы көөдөнүн жапкан, ойлойсуң акыл-ой санжыра баккан, сүйлөшө келсең жүрөктү капкан. Тикереңдеген тилик этек,кокусунан кабылсаң түбүңө жетет.. Ойго терең— орунсуз ишке керең.

48. Акылгөй жана аңдагыч – алыстан тамыр кармагыч. Ал кырдалдан каргып өтөт, ага бийлик этет, түбүнө тинтүү салат, жан дүйнөсүнө жабышкан кеселди табат. Менменсиген беренди көрөр замат анын баа-баркын, маңызын бычат. Сыйкырчы сымал жашыруун сырларды ачканга маш, сыны бутага тиер таш. Кылдат баамчыл, калыс сынчыл, ич койнуңду аңтарып, бар кудуретиңди таба алат.

49. Өзүңдүн баа-баркыңды өлүмжан кемитпе, Уругум. Талаага чыкканыңда өзүң менен өзүң талашка түшпө. Өзүңө катаалдыгың жана чынчылдыгың, өзүңдү өлөрчө соттоп турган абийриң-четке кагат башкалардын пикирин. Жарамсыз ишке жармашпа,элдин ушак-айыңынан корунбай, жан дүйнөңдүн каарынан жазган.

50. Талдагыч да, тандагыч да бол, Уругум, ошондо сезилет сенин табитиң жана ишенимдүү туругуң; ылгай да, иргей да алганың-эки эсе утуш тапканың, тандай албасаң-таза шорго батканың.Көптөгөн таланттуулар жана акылдуулар, эмгекчил окумуштуулар таңдаш жакка келгенде, аларың туруп берчү делдейме. Тандай билиш да — табыят берген ырыс.

 

Онунчу кат

Ассалоом алейкум, аңдагыч Уругум, улам татаалданып барат соболуң, жообум кечиксе капа болбогун.

51. Кыйноо тартсаң да кыжырдана көрбө, Уругум, ошондо баамдалат сабырлуу жүрүм-турумуң.Осмонкулду: «Оодарылбас, чайпалбас,океан болчу тим эле», деп Ысмайыл төкмө бекеринен ырдаган бекен? Ии, алп жүрөктүү, асыл ойлуулардын кебелбес керемети колдойт. Азап-тозок башына түшпөсө да албууттанган, кара күчкө каарданган,кымындай ишке кыжыры кайнаган туталанып, тууганына ачуу тилин тыйбаган ургансайга теңелбей, бийиктигиңди байката жүр, жарыгым.

52. Шашылбай тездет — оңтолоп ойлогуча убакыт өтөт мөөрөп. Ойчул чекесин кашыгыча, чечкиндүү бүтүрө салат бир паста. Бирок ай уйга келбеген алакачма чапчаңдык, алтынын бөөдө чачкандык. Бул жагыннан акылга салып иштеген, акыбети жанып, ай тиш теген. Ийленген иш ирбитинен калса, ириген сүткө тете. Иши агылса ыкчам-ити алтын чычкан. Уктуңбу,Уругум, ишиң эртеңди күтүп саалыкпасын,канатың чаалыкпасын.

53. Акыл-ойлуу алгыр бол, Уругум, ошондо баамдалат антына бек туругуң. Жашык мүнөз; суу жүрөк жарамсыз ишке билек түрөт. Кайратың ташыса, денең чыйралган болот аркан. Эркин бийлебеген-денесин ийлебеген,өлүмсүк бечера делген; өмүр бою кайгы жеген. Кайратыңды жандырба,намысыңды алдырба, Уругум.

54. «Сабырдын түбү-сары алтын» деген байыртан калган ата-баба табериги.Алар укум-тукумуна Алтай тоолорунун аскасына муну жазып калтырыптыр: «Сабырлуу жүрөктүн бир толтосунда-майтарылбас эрдик. Экинчи толтосунда океандай кенендик толкуп жатат. Өрттүү жерде шашылбаган, өлүмдүү жерде жашыбаган; ала тополоңдо акылын жыйган, ар кандай мүшкүлдө ачуусун тыйган, аяз муздатпаган, аптап ысытпаган, ачта-токмун деп санаган, ажалга күлө караган.»

55. Ойго-даңгыл,ишке-камбыл теңиз жан бар, Уругум. Башка күн түшүп, кайсы бирине түтөөрүңдү түшүнбөй, ичтен түтөп турганда кудай айдап келгенсип,ою алгыр,жүрөккө жайкы желдей урунган; канаттуу сыйкырлуудай колуна кай иш тийбесин чечкедей бүтүрүп,көз ачып жумгуча камбылдыгын таанытып коёт. Жаратылышында барбы-ай, же жашынан өнөргө жанын таштап берилгенби-ай,айтор, айраң таң калып, аны өстүргөн энесине кабат-кабат алкыш жаадырасың.

 

Он биринчи кат

Ассалоому алейкум, кадырлуу, Уругум!

56. Беренелүү иш — бек турат, дегенди сурапсың. Беренелүү— эки мааниде бири – музыкалык аспаптардын толгоосу десе бап келет, тогуз беренелүү дешет. Өтмө мааниси – абдан кооз, укмуштуу деп туюн. Зергер— буюмун кылым бою тургандай узанып өмүрүн саят, ошол сыңары терең акыл, алгыр ой кылымдарга тамырын жаят.

57. Уругум, кай тараптан болбосун кармана бил. Көрөңгүңдү көңтөрө салып көйрөндөнө көөдөн көтөрөм деп санаба. Акылың менен алыңды арзыбас ишке арнаба. Коён серпчү кушуңду түлкү албайт деп каргаба. Жаракөр жарда жазгырмасы мол күн санап азгырма; ошол сыңары өзүң да эртеңки күңгө элге көрсөтөрүңдү тоздурба.

58. Жөндөмдүү ой-пикир жөлөк эмеспи, Уругум. Акылдуу болуп жаралган, ар тараптуу илим-билимге сугарылган; орто жаш курбалында урмат сыйга чулганган-даанышман атка конот. Алар ар кандай укмуштуу таң калыштуу окуяларды капарына алышпайт, ал тургай байлык жана жан жыргалын мамлекеттик ишке садага чабат; ошентип омоктуу иштерди оңой=олтоң орундаар ишеним табат. Нак ушундай жол башчылар элдин колдоосуна, ак тилектүү ой-пикирине таянат.

59. Урмат менен узаардын камын же. Ээ, дүйнө десең, адам бул жарык— чылыкка жыргап келип, ырдап кетпейт эмеспи. Кейиш менен келип, бейишке чыкчулар болот. Ошол себептен короздонуп келиштин камынан мурда кетээриңдеги: «Кандай адам эле?»— деген соболдун жандырмагын ойло.Жашоодо нуска бар: «Кичирип кирип, узарып чык». Демек, кеп кабыл алышында эмес,узатышында. Эсиңе бекем түй: «Бакыт кабак жара төштөшүп, иңир чалган өңү менен коштошот.»

60. Мыктынын мыктысын баалай алган ардактуу иш. Иргелген мыктылардын ири алдына чыкканы өзгөчө эң сонун белгисинен баамдалат; ортозаары оозго алынбайт. Бир гана озуктукту опур-топурдан бийиктике көтөрүп,экинин бири дегендей орунга олтургузат. Тез бүткөн иштен озгон кепке -сөзгө алынат, жеңил-желпиден жеңген аз атакка камыгат. Падыша сөөлөтүндө бүтүрүлгөн чыгаандык акыл-ойду аң-таң этип, жүрөк табынат.

 

Он экинчи кат

Ассалоому алейкум, Уругум!

61. «Жоону сайса эр сайды аты калды Манаска» — дегенди чечмелеп бериңиз деп сураныпсың. Абалтан калган асыл ойдун омоктуусу ушул ылакапта. Бул ойдун мааниси кылымдан кылым оошкон сайын бийиктеп да, тереңдеп да барат; жоону сайган кырк чоро көлөкө жамынган,атагы Манаска калган. Ушундан улам билерман жол башчылар, кол башчылар,акыл-ою мүрөк, арстан жүрөк, вазирлерди жана баатырларды боюна тартып бөтөнчө сыйлаган, алар аркылуу атак-даңк жыйнаган.

Ирдүүлөрдү иргей албас; ак караны талдай албас бечеранын ирегесинен жоо чыгат, акыр түбү асмандата көтөргөн алсыз жердешинен сынат.

62. Жалган атакка жан берген жармач таланттардын тапкычтыгы түшүңө кирет. Туман гүл салып, түшүм бербес илимий эмгегин академиялык жыйында айрымдар алдыңкы орунга илет. Андайлар Ата журтка,аркасы тиер албан эмгектерди жараткан инсандан мурда озунуп,атактуулар катары тарыхка кирет. Тигинин тири укмуш эмгеги бааланбады деп эл оозунда айтылып жүрөт, жулкунбайга жүрт күлөт.

63. Капалыкты капарыңа алба карааным, Урук. Азапты аттап өт, жапакетчи жакын жолотпо, акылга жеңдир, нервиңди коротпо, жаның тынч болсо бакыт жок андан ашкан ойротто. Суук кабарга чабаганчы болбо жана тыңшаба; ушак ууландырат, шагыңды сындырат. Жандар бар-жаман сөзгө жантыгынан жата калган; кардар бар— жатса-турса каргыш-илкишти карманып, ошондон ыракат алган, көптүү жадатып,өзүн өзү күйүткө салган. Жойпунун тили таттуу-балдан,кырсыкка түртүп коюп,кылыйып калган. Ушуну эсиңе ал: «Чагым-өлтүрөт,мактоо-жеткирет».

64. Жаңы дүйнө жагымдуу сулуулугу менен ажарланат, Уругум. Аны аңдап сезишке табыт, татым жана акыл маданияты талап этилет. Ким назик жана кылдат сезе билсе, ал жакшынын жакшысына качырат. Түшүнүктүн тереңдиги бийикке умтулгандан баамдалат. Кимге эмнелер жагат, эмне жакпайт, кай бирөө дидары суукту өлөрчө мактайт.Табит жана татым сезими да жугуштуу келет, коом тазарып, көчө мизилдеп турса, көргөндөр быякта бактылуу эл жашайт тура деп баа берет.Андай эл өздөрүн да, жашаган чөйрөсүн жана коомун да кулпуртуп алат.

65. Талабыңа жете бил, Уругум. Өжөрлөнө өз алдына койгон талабына жетмейин тынбагандар-казанат сымал. Бул кандай сөз деп кайтара сурап жүрбө, казатка минер тулпарды ушинтип аташкан.Баштаган багытынан болор-болбос олжого кызыгып мында бир адашат; алдындагы кырдаалдан айбыгып,анда бир мүдүрүлөт; жалган мактоо жана ушак-айың алсыратып жыгат. «Саргара бөртсөң-кызара жортосуң»деген асыл ойдон карыш жылбаган абийирин алтын менен сырдаган.

 

Он учунчү кат

Ассалоому алейкум, ардагым Урук!

66. Ашкере мактоону ар көрөм депсиң, аңың абзелдик деп бааладым. Азыр мактоого эсиркеп, бычак сырты казы алгандар бар. Болор-болбос, болуп койбос ишин жат элдик жалпак тил менен жактырса: «Дүйнө эли мактады көпкө?»— деп апалактайт жоон өпкө. Чет элдиктен чексиз мактоо күтөм деп абийриңди төкпө, өмүр бою санаага чөкпө. Жабык жерге түрүп алып,жалпы журтка жарыгын чачкандар ашкере мактоодон качкандар, тымызын абийир тапкандар, алтын сымал байкалбай тереңде жаткандар, аларды акыры издеп табат адилдикти жазгандар.

67. Ойго салыш, кеңешчи болуп калыш, ардактуу иш, Уругум. Ар кимдин оюна ой кошуп, оң жолго багыттаган көрүнгөндүн колунан келе бербейт. Бирде ойго салып, бирде кеңеш айтып койгон таалимчинин көөдөнү чалкар жана катаал күндө катыккан. Болбосо жакшылык этем деп жардан алыс түрткөндөр кездешет бул жалганда. Кеңеш сурап, акыл курап келгендердин ийин жандырба.

68. Каш-кабактын ортосунда өзгөрбө. Кесирлене ойкуштанып, мант берген жорук-жосунду боюна жуутпаган мыктыдан таалим ал. Акылдуу бар капалыкты капарына албаган, жакшылыкта жагалдана калбаган, ант-шертинен танбаган, кандай күндө болбосун өзүн бир мүнөздө кармаган. Ар кимдин чама-чаркы бир жакшылыкта, бир жаманчылыкта бааланат, кадамың сайын кайтарына жүр, душманың калбасын табаалап.

69. «Жокко» жолдош боло бербе, Уругум.

Ырас, баарына төгүлүп-чачылып, ак жүрөктөн ачылып түтө албасың чың. Карап көрсөң «жокту» оозанган жоругу катаал жашап жүрөт сенден тың. Анын жосуну өз башы менен кетсин.. Бирөөнүн шагын сындырбастан ыгын таап, жооп бериштин жөнүн бил; кай бирөө «жок» деп кесе айталбай курулай тил эмизет, ошол жорук «калпычы» дегизет. Албетте, салган жерден төшкө түрткөндөй жооп кайырба, ошол мүнөзүң менен ынтымагыңды айырба. Атаганат десең, бар балпаң, жок жалтаң го.. Ошонун кыябын келтире жүр, эки арада.

70. «Бирде төө көтү, бирде бээ көтү». Эл оюна эмне келсе, ошону иштеген жасалма кыялдан жадап бүткөндө ушундайча макал чыгарышкан. Акылдуу асмандаган күндө деле баягы мүнөзүндө. Бирок бийликте дөөгүрсүйт сырты-«кудай», түбү-ылай. Кечөө эле жалпалактап жаныңда жүргөн, бүгүн бийиктен сынай карап кабагын түйгөн. Мындайлар тирүүсүндө ишентичтен кетип күйгөн, ага алдангандар башына арылбас сана үйгөн.

 

Он төртүнчү кат

Ассалоому алейкум, Уругум!

71. Чечкиндүүлүктүн ченеми болобу депсиң бул жолку катыңда. Жүрөктүүлүк, кайраттуулук, туруктуулук, катуулук-чечкиндүүлүктүн уюткусу. Агын сууда арамдык жок,көлчүк сууда тирүүлүк жок. Колу кыймылдагандын оозу кыймылдайт.

Кайраттууда – арстан жүрөк, айбат сүр; кооголоңдуу күндө коён жүрөк башын катып жүр. Куру кайрат акыл бар, кыйынчылыкты даана байкайт, бирок андан кантип чыгыштын айласын таппай, башын чайкайт. Жетик акыл, кайраттуу жигер-жергелүү журтка ар— намыстын туусун илер, ашып-ташкан күч-кубатын дүйнөлүк ишке тигер.

72. Жылт бергендер жыдыйбы депсиң бир катыңда. Омоктуу иштен ойт берген, Ата журт асманы булут жамынганда булт берген — көз көрүнөө көргө кирген. Чуулгандуу жерден таман алдынан тамаша таап, таптырбай кеткен оң. Жыргамакчы болушуп, шапар тепкен топтон жылт койгон-эртеси башы оорубай, эсен-соо бойдон. Чырлуу иште-ээрдиңди тиште.

73. «Дүкөну-найман, сатычуусу – айбан», — деген накыл кайдан калган депсиң, Уругум. Калктуу калаа-каргашалуу балээ. Бирок,сен кандай болсоң эл ошондой. Жумурткадан кир издеп,кычык сөз күтөт кызыл көз айбан, тийишсе тилиңди тешиңе кама-ал ошол күнкү тапкан пайдаң. Аңгеме-дүкөн курсаң капыстан, аяр бол да узап кет бир пастан. Кудайым андайга кулачтуу бийлик бербесин, анда эле курутту дей бер жээк-жергесин. Коколой башын калтырсак-иштин тазасы, ошондо болот андайга Алланын каардуу жазасы.

74. Каармандыктын үлгүсүн каалайм дегениңе кара жаным садага. Балбан күрөш,эр эңиш, мелдештен жеңиш— булар албетте орундуу иш. Бирок, сөзүмдү майдалап олтурбай, манасчы Мамбеталынын мындайча бир сөзүн эске салайын: «Касиеттүү манасты түш көрүп, Чойке абамдан угуп, баатырдыгына дөлөөрүп жүрүп,айтып кеткем. Манасты Манас кылган Бакайдын даанышмандыгы, Каныкейдин акылмандыгы, Алманбет, Чубак, Сыргактай баатыр чоролорунун эрдиктери жана алардын даңкын даңазалган Ырамандын ырчы уулу болуптур. Ошолордун арбагына тайынып, эрдигине шерденген кыргыз эли бар үчүн арбагы «тирүү» деген эле. Анын сыңарындай кылымдар арасында көзү өткөн көптөгөн баатырларыбыздын чексиз эрдиктери жаштарды шыктандырып,улуу жеңиштерге сүрөмөлөй берет.

75. Таамай сөздүү тамашанын чеги бар. Оюңа муну түй, Уругум, орунсуз тамашадан олуттуу эстүүлүк миң эсе өйдө. Качан болбосун, кайда болбосун калжындык— ал мылжыңдык. Же тамаша экенин, же чын экенин, билгизбей күлөт, сөөккө жеткире сүйлөгөн түгөт. Такай тамаша— таасирлүү ишке каргаша. Кай бирөөлөр чукугандай сөз тапкан шылдыңкорду көкөлөтө мактайт, андайларга акылдуулук жакпайт.

Талыкшыган кезде тамаша жарашат, андан соң күлкү артына жашырыңган ойду аңдашат.

 

Он бешинчи кат

Ассалоому алейкум, Урук бөбөгүм.

76. Ким болбосун тил табыша бил, Уругум! Билимдүү менен кездешсе, андан кем сокпогон илимпоз, кадырлуу менен кадырлуу. Ким болбосун жүрөгүнө жаккан, кем калышпайт кайрымдуулук жактан. Баш терисин байкап, бал тилге сала жайкап, олуттууга өзүндөй, шайырдын кара көзүндөй, жага билген бар жаман көрүнбөй. Табыйгы табиттүү, жан дүйнөсү чалкар адамдар бар ким болбосун алкаар. Ошолордой боло көр, каркыбарым!

77. Көрбөгөн жердин ой-чуңкуру көп, аман барып келишке айла-амалың болсун төп. Алды-артын аңдабаган ала-өпкө дардаң, мактоо жесе алыс кетет жардан ,ошондой эле оозуна келгенин оттойт ажырагансып ар-кордон. Акылдуу алдын ала чалгын салат, аң-дөңүн оюнда көрөт,андайда кайдан болсун бөгөт. Терең кечүү, тайгак бел-аярлана өтөт амалкөй эр.Эки аяктуу кыял каман, алар ашуу бербес дабан-андайдан аярлана жүр, айтаарым саган.

78. «Капылеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан» — дегенди чечмелеп бер депсиң, Уругум. Капилеттен сөздү чукугандай тапкан – табыят өзгөчө берген дарман, андайлар ажалдан аман калган.Ошолор гана эр өлүмүн бүтөшкө элчиликке барган. Акылга сала алдын ала кечирим сураган кыязда кеп жөнөткөн, бирок өлчөмүнөн ашырбай ой түнөткөн. Албетте анын баары акылга байланат, уккандын көөнү жайланат.

79. Көрүнгөндүн сөзүнө көнө бербе. Көпкө көзү канык эместер, көрүнгөндүн кебине ынанган келестер. Имиш, имиш – акыйкаттан адаштырат, жалганчыга жанаштырат. Көз көрбөгөн имиш-чындыкты көөлөгөн-ыш. Акыйкат алыстан келатса, нак өзүн көрбөйбүз, Эл атына гана куштар, бирок даанасын бизге жеткирбей,бурмалашат – ичи тар. Аяр бол, акыйкатты бетине кармамыш этип мактагандан, сак тур сандаган жалааны чаптагандан. Арачынын айткандарын аңда, ага берер жообуңу дароо камда. Ойлуу болгонуң – дөдөйлүк менен тайыздыктан сактаар коргонуң.

80. Жаңыра бил, жарыгым. Бул жарыкчылыкта жаңырып да, кулпуруп да турганың көргөндү суктандырганың. Кечөөкү бийиктик,бүгүн басырынат, атагы жашырынат. Ошондуктан жигериң артсын, талантың эргисиң, ийгилигиң кабаттанып, чар тарабың абадданып, кеткен жериң аруу болсун, келген жериңе күн болуп тий, жагалдана кийим кий.

 

Он алтынчы кат

Ассалоому алейкум, Уругум!

81. Ачууда болсун, аруулашкан жерде болсун айтканынан кайтпаган көктүгүн койсун. Андайда акылдуу алты өлчөп, бир кесет. Аша чапкандык жана акыйкаттан карыш жылбагандык кара өзгөйлүккө эсеп. Колуң жетикте, катуу кетпе . Талантыңды такалабай, ташка салып ташыркатпа. Уятты коюп, кактай сааса, кан чыгат.

82. Анча-мынча алаңказарлыкка ачууланба. Мейли талантыңда болсун, мейли жигериңе болсун, бирин-экин чымын консун. Ошончулук ызаны жеңип, көңүлүңө кубаныч толсун. Чала-чарпытка чатак салсаң чагылган урган дарактай корсуң. Кур намысты кууп сал,болор-болбосту жылмаю менен жууп сал.

83. Касыңдан олжо кармана бил, Уругум. Акмак дос күткүчө, акылдуу кас күт. Амалкөй акылдуу кас ардайым тымызын теңтайлашкан эрөөлгө чакырат, аны менен астыртан атаан курасың, ал алдыңа тарткан тоодой тоскоолду жеңесиң, акыры абийир таап келесиң. Акылдуу элдин ачуусун күзгү ордуна урунат, андан өзүнүн кыйшыңын көрөт, жамандан жакшыны бөлөт. Сыртыңды салып, жашаган соң касыңа сыр алдырбай, этият бол.

84. Баарынан озом дебе, баарына жагам дебе. «Эр эрден озот, элден озбос» -,деген байыртан калган нусканы эсиңе түй. Өтө кызыл тез оңот деген кеп бар, көпчүлүктүн көзүнө жагалдана көрүнүп, өзгөчөлөнө бөлүнүп алып, жүргөндөр бар, ибийири төгүлүп. Бечералар кездешет, баарына жагам деген, баарына таанылам деген; бербесе, мурункудай жүгүнө алдына келбесе, көбү андан дароо четтешет. Мындайларга оболу суктана карашат, акыры келесоо катары санашат. Саман жалбырттап күйүп, тез өчөт. Таш тырмак зыкым проценттүү олжосунан озот, коколой башы элден бозот.

85. Жаман сөздүүдөн жаа бою кач. Топураган элде толгон баш, ата караган,кытмыр кыбыңдаган көз жана заардуу тил. Ак безерди ушакка ууландырып, акыйкатты көөлөйт, жаман атка кондурат, асандагы атыңдан тоздурат. Күлкүлүү жагыңды, кийимге жуккан чаңыңды көбүртүп-жабырта кошолонтот; карамүртөз, ичи тар калпты чындай, аксакты тыңдай аймалаган тили атактууну көөлөп өтөт зили. Андай сөз акмактарга жага бербей чындыкка эптейт, мындан соң көөнү жуусаң да кетпейт. Ардагым, Урук, сен муну ук: тарпылдата басып, таркылдап сүйлөгөн, тилик этек, чирик көөдөн, моюнга асылма кырсыктан сактан; жижиң ооз шалпыма шакабачыдан сактан.

 

Он жетинчи кат

Ассалоому алейкум, Уругум!

86. Нарк жана сыдыргылоо туурасында кыйытып собол салган экенсиң ушул жолку катыңда. Адам дегениң төрөлгөнү жапайы сымалданат да акыры нарк, салт, набат аркылуу таалим күтүп, сыдыргыга салгандай абалкы жосунун жоёт. Албетте, ата-бабанын абалтан берки салты адам санына кошот, ал эми ар тараптан акыл-ой демелип, далалаты артса эл оозуна алынат.

Арийине, илим менен көзү ачылып, жан дүйнөсү кеңейбесе, ошого жараша өзүнүн осолдугун, оройлугун өрткө салбаса, анда эле илинүү турган колбаса. Ой-санаасы гана көркөм болбостон татына талабы жана шыңгар үндүү сөзү да назик болгону ийги. Табыятынан сырт сымбаты тал чыбык, жан дүйнөсү сылык, ою тунук, сөзү бал, бар мүчөсү топ келген-сулуулар чыгат элден. Ошого тете өңдөңгөн, нарк, салт, сыпаалык,солдоюңку кейпине коошпогондой көрүнгөн; уяңдык жана сыпаалык жапайы оройлукка көмүлгөн; чет элдик модадан абийри төгүлгөн, «Кызга кырк үйдөн тыюу десе», орусчалап сөгүнгөн, оо кургур-ай, бети түгөнгөн.

87. Мамиледе чыдамыңы туйгуз, жан дүйнөсү чалкарлар бар айтып койгус. Майда-баратка кол серпкен, ал деле майтарылбас эрктен.Кайнаган казанына түшө калса, майдалык кездешет кай бир жанда; ырас, дүнүйө бир тыйындан куралат, бирок суук тумушук атанат сугалак.Башкаларга башчы болор пайдакеч оюн жашырып коёр. Күйпүл жашооңо, күйүмдүү досуңа күнүлөш касыңа салааңдын арасынан сабырлана кара. Кыйкымчыл жорук— жадатма кордук. Качан болбосун капачылыктан аңгеме курган, кудай анык төбөсүнөн урган. Ошентип, ар кимдин жүрүм-турумунан жүрөгүнүн кандай экени окулат.

88. Өзүңдүн ким экениңди биле жүр, Уругум. Деле өзүңдүң адеп ахлабыңды, акылыңды, ой жүгүртүңдү жана шыгыңды туйдуң беле? Аларды билбей туруп, өзүңдү өзүң бийлей албайсың. Өңдү күзгү көрсөтөт, жан дүйнөң жабык бойдон калат, эгер болбосо ой жүгүртүү адат. Сыртыңдан сыланба, чалдыгасың сылаң короз деген ылаңга. Көбүнчө көөдөндүн көрөңгүсүн ойло, антпесең айланып калат кагыраган сайга, ошондуктан өркүңдөтө бер колуңдан келсе айла. Акылга даңгылсыңбы, айкашта алгырсыңбы, капсалаңда камбылсыңбы, мунуңду байка. Көлдөй тереңсиңби, ай талаадай кененсиңби,ойго турук оодарылбас эменсиңби, ушуралыңды таразалап келесиңби? Аа-а, анда дагы ойлон.

89. Кылым бою жашагым келет депсиң, бир катыңда. Мындан мурунку бир кайтарган жообумда: «Өтө семиз өлүп тынат, өтө байым деген бирди көрүп тынат»— деген элем, ошого буларды кошоюн. Өлчөп жеген өмүр табат,ачуусун тыйган алыска барат. Демек, акмактык жана бузукулук эртелеп өмүрүн жемек, себеби бири сактай албайт, экинчиси узакка терең карыштын камын жебейт. Ошентип акылман алыска сапар алат, акмак өзүнө көр казат. Бузукулукка шашкан кош айтышат, орто жаштан, акылмандыкка умтулган алыскы сапарда ар балээден кутулган. Жан дүйнөсү улуу, тула бою чулу, жашоосу-сабак, жашы-узак.

90. Ыргылжын иште-ырыс жок. Алына чактабай, алды-артын тактабай ишин баштайт алабарман; ыкшыйып олтуруп берет түгөнгөндө дарман; ишенимсиз иштин акыры түгөнбөс арман, кармала турбаган карбаластык жаман.

 

Он сегизинчи кат

Ассалоому алейкум, Уругум, акылы тунугум.

91. Ак жолдон адаштырбас адатың болсун, сөзүң ишиңе төп келип, айтканың айткандай, дегениң дегендей келсин. Сенин ал мүнөзүңдү көбү жактырабы, жактырбайбы, көңүл бөлбө, бир гана баамчыл жана калыс адамдардар колдосо— ошол болот келечегиңе төлгө.

92. Төрт тарабынан топ келген адам акылчы да, таалимчи да саган, не дегенде,көбү тең келе албайт аган. Андайды кубаныч, күлкү жана жан дүйнөнүн мүлкү ээрчий жүрөт,ким болбосун сүйөт; айткандарын көкүрөккө түйөт. Акылын жана табитин таптап алган, шаңдуу шайырлыкты, өлчөөсүз кенендикти, сезгич тереңдикти табыят ага берешендикке салган, байкаганга батып тургансыйт көөдөнүндө мүлдө аалам.

93. Жабык сырдуу жан дүйнө жөнүндө жандата собол салыпсың. Өтө кыраакы жан жаралат, мейли ишинде же таанышканда болсун табышмактуу саналат; андайлар дурус деп бааланат. Кокус туйдуруп койсо, мүчүлүшүн көңүлүң иренжип калат. Ошол себептен жан дүйнө жабык сырдуу болгону керемет.

94. Мол тилектүү үмүтүң үзүлбөсүн. «Жаштын тилегин берет, жаштын тилеги курч» — делинет. Тилекти аткармакка талпынат, жакшылыктан үмүтүн үзбөй, үртүнө эмгек эткендер үзүрүн пилге артынат.

95. Жашыңдан күткөн абийириңди сактка, эл оозуна кирген атыңды тапта. «Жакшы деген бир ат бар кууса да жеткис, жаман деген бир ат бар жууса да кеткис»— деген макалды эсиңе түйө жүр, Уругум.Жакшы деген аттын даңазасы канча. Жакшыга ортодон жогоркулар— өкмөт тактысындагылар кирет, аты алыска тарап, жамы журт билет. Аны шынаарлап, тегеректеп алгандар атагын ого бетер көтөрөт, бирок татыксыздар топтолсо, баркы бөксөрөт. Чыныгы адил жүрөк, байлыкка багынбай, бийликке жүгүнбөй, башы какайыңкы жүрөт.

 

Он тогузунчу кат

Ассалоому алейкум, Уругум!

96. Ак ниетиңди аңдатпа, арамзааны жандатпа. Кызыккандык –жан дүйнөнүн терезеси. Акылдуу ал терезенин пардосун жаап, жат көзгө көзүктүрбөйт; ачыкка салган ак ниетинен куру калган. Каалаганга жетем деп камынып бараткан оюн жан адамга туйгузбай жашыра билген, иши оңунан чыгат ириден, ачыкка салгандар ара жолдон ириген; же ичи тардан, же кеги бардан.

97. Көрөңгүсү жана көрүнүшү, маңызы жана кабыгы. Кездеме бар сырты алтын, күмүш жалаган, кие келсең этиңе бүртүк тараган. Бирөө бар, жалпак тилдүү, сыртынан сыланган, бирок жан дүйнөсү арамдыка чыланган. Уругум, утурумдук сыртынан көздүн жоосун алат, жолуңдан калтырып, санаага салат. Андайлар сырты жалтырак, ичи калтырак деген атка калат.

98. Азгырыкка алданба, бузукуга бурулба, укмуштууга урунба, Уругум, жан дүйнөңдө болсо туругуң. Асмандын башын айткан суугуна чалган илимпоздук да азгырыктын кайырмагына илинген. Бир гана олуттуу ой акылмандын азыгы— такыбалыктын казыгы делинген. Ошол себептен ою бийик оодарылбайт айткан кебинен.

99. Эликтешкен кеп жебес, экөө бирдей кеңкелес. Бирөөнүн мүлкү – экинчисине күлкү; бири көрүп алып мактайт, экинчиси анткор кубаттап ырсактайт. Ар кимде өзүнчө татым— көрсөтүп коёт көрөңгүлүү затын. Бири мактаса башың айланбасын, бири кайбаттаса жанын кыйналбасын. Ичи тар койсо жүрөгүңдү жаралап, ак ниет берген баадан көңүлүң агарат. Көчүгү тилик, көөдөнү чирик— жүрбөйбү чет элдик бузукунун тилине кирип. Элдик наркты карман, эч качан кылбайсың арман.

100. Кара жемсөө, кап курсактын кекиртеги узун, келечеги кыска. Боору менен сойлогондун алкымынан куйругуна дейре курсак; алыска уча албаган канаттуунун жемсөөсү бир кучак. Адамдар бар курсак ордуна кап байланган, калк камын коюп, казан очокко айланган; каадалуу ишке шайласа напсисинен айдалган.Мыктыларда бөрү тоют адат, калк камына кош канат, учкул ою ай-ааламга барат, ошолор гана элди багат.

 

Жыйырманчы кат

Ассалоому алейкум, Уругум!

101. Ар ким өзүнө — хан, ага болбо аң-таң. Ушуну эсиңе сал, Уругум, сен падыша болбосоң да жүргөн-турганың, жашооң жана ар-намысың менен ага теңел; алгыр акыл-оюң айкөлдүгүң менен кенел. Ким өзгөлөргө болсо өрнөк, улуулукту жөн салды көрмөк. Султан сымбатына суктанбай, жан дүйнөсүнүн төрөлүгүнө көңүл бөлмөк. Өзүн өзү соттоп,өзүн өзү ар тараптан таптап жүргөндөр бар, падышалык сапатты сактап.

102. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» — дегенге кыйыта собол салып, чечмелеп берсе деген экенсиң бул жолку катыңда. Алтын баш аманында ар өнөргө машыга жүр. Бири жигериңди сурайт, бири өтө кылдаттыгыңды сынайт. Биринен чеберчилигиң озот, көңүл кош ыргылжың иш тозок. Табыйгы шыгыңа кумарлануу канат бүтүрсө, ал иш кулпурду дей бер; дилгирлигиң кемип, ынтааң басаңдаса, андай иштен кайгы жей бер. Эл башкаруу өмүрдү сурайт, андай бийик тактыдан билимсиз дөдөй эки баштуу болсо да кулайт. Асыл өнөр— саатына саат, күнүнө күн так жүргөндөн өнөөр; маанилүү иш арасында кызыгарлык эрмек табылса, көргөндү кубанычка бөлөөр.

Ар иште ар кимге көз карандысыз жүргөн-көздөгөнүнө жетип, көңүлдүү өмүр сүргөн. Кыптай жасаган буюмуңду кыйкымдап турса, бирөөлөр ошондо басат кара тер, катуулугунан эле калат кара жер.

103. Жадыңдан качса сабыр, жабыша калат жадатма бабыр. Оозун тыйган, өзүн өзү сыйлаган. Бир иштин артынан жүргөн, ошонусун айта берген ар жерден, акыры кагуу жейт ар кимден. Ток этер сөз: нагыз ой жүрөк кубантып, сергитет бой. Акмактын анча-мынча айтканын угумуш этип, жөн кой. Кудайым сактасын де, жадатма бабырдан, бир сөзүн эки кайталап, эзмелей берип, эстен тандырган.Кепке конок бербей бебиреген, жердин жети катарына дейре жебиреген, уят-сыйытты билбей теңиреңдеген— тажаткычтан сактан. Акылдуу аярлана угумуш этет, ара жерден сөзүн бузуп, табышмактуу өткүр кеби менен өрт өчкөндөй дымытып кетет.

104. Башыңа консо бак, бага бил сак. Дөөмөтүнө дөөгүрсүп, кызматына чиренген көрүнгөндү кыжынтып, ушак-айыңга малынат.Бой көтөрө чыртыйып турган,ырыскыны көтөрө албас,жетесинен урган. Андайлар бийликке турар замат кадыр-барктын артынан кууган; адилдиктин баасын угуп,деми сууган; оңой олжого кызыгып алыска барар жолун бууган. Кадыр-баркты сатып да,тартып да алалбайт, ал ак эмгек, адал мээнеттүүнүн артынан калбайт. Кай бирөөнө келсе кадыр-барк, дөөлөт мөмөдөй салбырап, абийир менен өсүп-өнөт.

105. Кемтигиң барда-керейбе, коюң жокто-коройбо. Болор-болбостон бери нааразылана кейиген— муун-жүүнү бош алсыздык; бой көтөрө коройгон— акылы алашемдик. Коройгондун баары акылы тайыз кудайдын каары, жалган ыракатка батат, бирок баа-барксыз жорук-жосунга жатат: кээ бир жетесиз, өзүнө өзү корстон, аны кеп уруп нетесиз. Ак эмгектен атак алган күндө да, кокустан ага жетпестен өзүн өзү жоошуткан күндө да акылдуу аярдана алды-артына кылчактайт, тагдырдын соккусу андайларды анча-мынча бучкактайт. Ар кандай иш кырдаалдын убагына жаналган ордуна багынат, акылдуу ошого жараша сабылат. Акмактар учурайт уятка батса да өңүнөн азбаган, жулунма таскагынан жазбаган.

 

Жыйырма биринчи кат

Ассалоому алейкум, Уругум!

106. Канткенде тез таанылам депсиң бул саамкы катыңда. Кыска жол бар эл оозуна тез тараган, көпчүлүк көрсөм деп самаган, албетте көптүн ишине жараган. Андайлар досту тандай да, таба да билет; бийликтин коюн=кончуна кирет; акыл ооштурат, ырыс жугуштурат, ошентип, табитин өстүрөт, жүрүм-турумун өзгөртөт. Калбаат, кечиримдүү, карапайым жолдош күтүп, шашмалыгы, алдастама адаты акырындап, өлчөмгө түшөт, акыры набаттуу нарк күтөт. Ала-куланын айкашып турганы бул жашоону шаңына чыгарат, айрыкча үй=бүлөдө майрам шааниси кирет күнүгө. Акча күтпөй, адам күт, үй-бүлөнүн да, жолдош-жороонун да азап-тозогуна түт.

107. Жамандагандан жаа бою кач. Табыятынан таарынчак, көрүнгөндү көөлөгүч, жалакорлоно жалаң күнөкөрдү каргагыч кишилер бар жамандыкты жардагыч. Бирөөнү минтип койду деп наалыйт, дагы бирөөнү ушунткени жатат деп каарыйт. Көөдөнү көөлү, тилинде бар сөөлү, пилге айлантат кадимки төөнү. Андайлар кылдан кыйкым табат, жүрөгүңдү кабат, жок жерден жалаа жабат; кара жини кармаса, калкка капсалаң салат. Арга не «Эсери болбой, эл болбойт.»

108. Басына берсең баткан күндөй болосуң, бакпаган гүлдөй солосуң. Күйпүл жашоого күң болбо, силкинип туруп, оолактай бер орто жолдо; антпесең азаптуу иш салып коёт терең орго. Чак түштөгү күн булутка жашынган өңдүү, тезинен боюңду ала кач, болуп калсын «Ким көрдү?!» Андайга көрөгөч жана сезгич бол, алдыңды күтүп турбасын кырсыктуу жол.

109. Күйүмдүү жолдош күт, Уругум. Достук жана жолдоштук жашооңдун жарты бөлүгү. Сени барктаган жана баалаган убарлаш-ал түбөлүктүү уялаш. Ынак досторуң, ымандай сырдаштарың болсо, сенден артык бай жана бактылуу адам жок.Касыңдын да, досуңдун да арасында жашооң өтөт; ошондо ысык-суугуна досуң түтөт. Моюнча өскөн, ачуу таттууну бөлүшкөн досуңа тезинен жолук-ошонун өзү денсоолук.

110. Жан аяшпас жар изде, кыйышпас адам изде. Жараткан жар болсун,Уругум. Андан кийинкиси-акыреттик жар тура. Акыреттик жар табууда ата-бабабыз азап-тозоктуу сыноодон өтүп, абийирин жана жан дүйнөсүн жактырып болгон соң ант ичишип, никелешкен. Акыреттик досуң да эрдигиңе, билимдүүлүк парасатыңа, акылыңа аңдап, анча-мынча кемчилигиңди көргүсү келбейт. Адеп-ахлап, тегиң, ата конушуң,ишиң, турмушуң-ушулардан улам да кыйышпастык жаралган. Жан дүйнө байлыгы, атак-даңкы, табыйгы таланты, коомдогу орду— баарын байкап, кыйышпас адам болуш оор, сакташ да жеңил-желпи иш эмес.

 

Жыйырма экинчи кат

Ассалоому алейкум, Уругум!

111. Күн артынан түн келет, күйүткө түшсөң ким билет деген бар, Уругум. Жай мезгилде кыш камын же; ырыскы дасторконун жайганда дос да, тууган да мол; баштан бак тайганда болуп калба кор. Тарта ичсең— тай артат, табышкер тарчылыкта ага жүк артат. Барчылыкта бааланбаган башка күн түшкөндө баамдалат, кишинин кишиси дал ошондо тандалат. Дөөмөт күткөн көөсөр, көңүлдөшүнөн күн алыс качар, күйүткө түшкөндө күнүлөштүн казанын асаар.

112. Бак талашкан пейлинен табат, күнүлөшкөн күйүттө калат. Уругум, ушул сөздүн жандырмагын 2005-жылкы парламенттик шайлоодогу ич тардык жана көрө албастыктын оту жанганын көпчүлүктөн иликтеп билерсиң. Бир орунду жеңмекке онго чейинки оён ат салышты, тең тайлашты; бети курусун, мыктап салышты кас душмандын урушун; бирин-бири быкыйын чукушту, ата— бабасынан бери ашата сөгүштү, жалаа жаап, сот алдында көрүштү; мурда атак алып жүргөндүн абийирин айрандай төгүштү ызалап да, каралап да бири-бирине ылай чачышты,ушундан улам бир аймак элдин башы чатышты. Көп жылдап көсөм өңдөнүп жүргөндөр да чүмбөтүн сыйыртып, көөдөндөгү чама-чаркын байкатты. Андай тең тайлашта айла-амал убактылуу утуш алар, такыба адам жеңбесе да абийир табаар.

113. Акмактар менен алышпа, келесоо менен керишпе, кебелбей жүр ар иште. Улуу акын Омор Хаям, асман жер аралыгына эшектерди эмнегедир эсепсиз көп жараткан Аллага астыртан тап бердирген жери бар. Калк ичинде каман мүнөз, ит кыял бирге жашамак түгүл, жанына бир мүнөткө да чыдап тура алгыс кулжуңдаган кумпайлар толо. Алардан биротоло кол үзүшпөгөн соң шартка карап, жаяктама сөзүңдү оңдо; капыстан каарына кабылып, калк алдында күлкү болбо. Оболу алар качыра салып, коркутуп өтөт үстөмөндөп; акылдуулар андайда күлө багып,тим болот кечирген кыязда. Дөдөйлөр кеп жебейт, оюна келгенин бербейт, оозуна эмне келсе, ошону элейт. Билмексен, укмаксан этип, унуткара бил; сезимиңди чалбасын кир.

114. Жакшыга жаныңды бер, делинет байыртан бери. Жаман менен жоолашып жеңгиче, жакшы менен кармашканың ийги. Жакшыга жанашсаң зоболоң артат, жаманга жанашсаң күнөөң артат. Байкоостон жаман менен достошконуң, абийир менен коштошконуң. Акмактын достугунан кастыгы, абийринин пастыгы; тили адилдикти сайрайт, ичинен тишин кайрайт,өчөгүшүп калсаң тирүүлөй чайнайт. Абийри жоктун-ары жок, антка турар жаны жок. Ар намыс-абийирдин тактысы, ага миңген жакшынын бактысы. Жакшыга жаныңды кош-өмүрүң өтө бербейт бош.

115. Өзүң жөнүндө ооз ачпа. Өтө жаман өзүн мактайт, өөдөсүнүп дардактайт, өзүн өзү жериген –акыл-ою кемиген, өзүнүн майда-баратын айта берген жабырап, ал— жадатма бабырак. Ошол себептен курбу-курдаштарыңа ооз ачпа,олуттуу жерде-сөз катпа, көпчүлүк алдында көбүрүп-жабырган калжың алсыздыгын айгинелеген мылжың. Катышкандар жөнүндө какмалаган кеп жөнөтсөң— кастыктын каптоосуна каласың.

 

Жыйырма үчүнчү кат

Ассалоому алейкум, Уругум

116. Жакшы болсоң — жатык бол, улук болсоң — кичик бол. «Аке деген көңүлгө төтө» — деген макал ар кимге астейдил ызаат көрсөткөн адептен улам айтылгандыр. Касына да, кадырлашына да, баладан чоңго дейре озуна салам бериш акылдуунун өзгөчө парзы. Сылык, сыпаа сезгичтик—  көргөндүн көөдөнүнө жалын бүркөт; тескеринче, бетон мамы сымал мелтиреп жүргөндөн-ыйманың үркөт. Билмексен элейме, менменсиген керейме-итатайыңды тутантат демейде; андайлар акмактыгын сездирет, аңдаган акниет ичинен кезгерет. Байкалбаган жатык— баасы алтынга татык. Кичипейил ызаат жана урмат –ар дайым жүрөктү ысытып турмак.

117. Жок жерден жоо күтпө, Уругум. Жосунсуз жорук, жагымсыз сөз-жоо күттүрөт. Аярлана жүр,аста күл, көпчүлүккө көрсөтө көрбө кекерлүү түр. Акмак ар качан акылдуунун жолун торойт, кээр какшыгы менен боройт. Ач көз өлүү дүйнөгө көзү канбас, кыйкымчыл көрө албас акылдуудан озгуча урат далбас.Кудайдан коркпос тажаал көктүгүн койбойт, башына кылыч кармаса да ажал. Акылдуу сезгич андайлардан жаа бою качат, тили сууктан тескери басат,эки жүздүүнү эртелеп байкайт, шылдыңкорду жылмайышы менен жайкайт, олуттуу менен оң карашат.Сен кандай болсоң— эл ошондой; кылыгыңа жараша, чыга келет тамаша.

118. Дооруңа доо койбо, жарыша жаша жагымдуу ойдо. Учур болот, сен жашаган коом утуру бир конушка конот, ошого ылайык көрөр күнү, көлбөргөн түрү, үнү жана сөзү өзгөрө берет. Кексе карылыкка салып, андай экен, мындай экен дебе, жаштардын сырт турпатын жерибе.Доор менен кошо кирген агым, туткундап алат баарын; сен да аргасыздан анча-мынча багын, бирок таштап кетпе, улуттук каада-салт жагын. Адеп-ахлап, уят-сыйыт жана ар-намыс, кайсы доор болбосун каухар эмеспи табылгыс.Нарктуулар өткөндүн керээзи, адеп-ахлаптын бийик сереси; абийир, адилдиги тунук бойдон калат өзгөрсө да жашоо эрежеси. Алардан талалим-тарбыя алган кыз-улан модага багынбай, улут салтынын сепилин курган. Оо, акчанын бийлигине кулданган доор, калкка кара боор, андайдын акыр түбү жакшылыкка оор. Эртеңки күндү көрө билген көсөм, эли-журтуна жөлөк болоор.

119. Болор-болбоско, болуп койбоско көңүл бөлбө.Бирөөлөр татыксызды тамашага салат,дагы бирөө нака иш катары кабыл алат,ушундай учурда кытмыр жумурткадан кыр табат, жанжал да салат.Кас душман түккө турбаган ишиңди көкөлөтө мактайт, кошоматчылар жактайт, досуң акыйкаттын алоологон отуна кактайт. Мындайда ак караны айра албаган, олуттуу ишти, жосунсуз жоруктан бөлө албаган, коколой башы көрүнгөн жерде сандалган.

120. Иши ардактуунун сөзү салмактуу. Төрт тарабы төп келгенди төргө алат, андан өзгөлөргө таалим калат. Жүргөн-турганы, мамилеси, жада калса, жагымдуу дабышы, кеп салышы, кеңеш берип, бата менен узаткан жоругу-жан дүйнөңө чырак асып, гүл эгет. Сан жүрөккө жагыш— улуу жеңиш. Ал бекем ишеничтен, табыйгы ырайымдуулуктан, ата-бабасынан канына сиңген адаттан жана жашынан күткөн сабактан жаралат.

 

Жыйырма төртүнчү кат

Ассалоому алейкум, Уругум.

121. Бой көтөрмө көөдөн керме, баш бакпа ал турган жерге. Бир тепкичке жогорулай калса, жагалдана жасанып, башын койкоңдото кобурайт. Көргөндөр ичтен күлөт,жагынпоз жанында жүрөт сүрөп,андайлар ак ниетке итче үрөт. Көөдөнү кучак, бирок көрөңгүсү чак, сылаңкороз түгөт,карын ордуна кап байланып жүрөт, курсагын сылаганды сүйөт. Жан жагына кулак түрөт, жасалма кыялын жан адам туйбайт деп билет. Кокус жанына барсаң корсунта карайт, какмалаган сөз менен камайт, ал тургай жамандык каалайт. Ишиң онуна чыкса, андайларга ооз ачпа; адистикке жеткениң, өйдөлөп кеткениң ак эмгектен экенин айтпа. Анткор дымакты айрөктөп жатып,өзүң да кошулуп калба; алардын тузун татып, анча-мынча жетишкениңди ачыкка салып. Акылдуу анткор даңкчылга кайдигер карайт, шек алдырбай тилин тишине камайт; кыраакыга ак ниеттер сырлашсак деп самайт. Ар тараптан кандайча жетилгенин эч жанга туйгузбай жүрүп, туңгуюктан чыга калгансып каргыган көпчүлүктүн алкоосуна өз ишинен арзыган.

122. Урматталган уул бол, Уругум. Эпчилдене этекке эрмешип жүрүп бүт элдин сүймөнчүлүгүнө жеткендер бирин-серин; акылдууларга арзыгандар бар, агызып жүрүп мандай терин андайды анык бактылуу дегин. Карыган кезиңде элдин болосуң эсиңде. Көпчүлүккө жагыштын өзү тозок, бири ишинен жана кадыр-баркынан озот; көшөкөр, паракор-колун алыска созот,акыры абийирден тозот. Эл көзүнө жетик, ар ишке тетик, көзгө урунат адал эмгек этип, андайды кызмат турат самап; кай бирөөлөр дөөмөтү менен сайран курат.

123. Өз башыңдагы чөптү көрбөй, өзгөнүн башындагы көптү көрбө, Уругум. Бирөөнүн капасына жана катасына кубанган жан дүйнөсү караөзгөйлүккө чыланган; күнөөсүн жуу албай жүрүп, башканын бетине сүртүлгөн көөгө күлүп, көрүнгөн жерге кабарлайт кулак түрүп. Ошенткен сайын,жарпы жазылып, ыракат алат, андайдын оозуна ак ит кирип, кара ит чыгат, акыры коомду ылайлап тынат. Андайлардан алыс жүрбөсөң көөсү жугат, укпайт деп ушактаба, угулуп калат. Ар кимден айып кетет аздыр-көптүр, андайды көңүлдүн түбүнө чөктүр. Жөөтчүлүккө барба, ичкен кудугуңа түкүрүп, туулган жериңди чанба. Эл таалайына жаралып, жарыгын чачкандарды өлгөн соң жамандап, ыракат алган жетесиз акмактардын сөзүнө ынанба. Акылдуунун сапаты— жамандыкты укмаксан, көөсөрлүктү көрмөксөн, ыпластыкты билмексен. Көлчүктөгү бака көктөгү айды эликтейт, Көкөтеңир ага терикпейт.

124. Акмактын ана башын айтып берчи депсиң, Уругум, бул саамкы катыңда. Акмакчылыкка барган акмак эмес, ошондой ишке барып алып, оозун тыя албаган— келес. Качан болбосун дене кумарды тизгинде, алсыздыгыңды андан бетер билгизбе. Кумпар кумпарлык ишин угузбашка сактанат, акмак анысын ар кимге айгинелеп мактанат. Күнөөгө баткан оозуна салсын капкан, ошондойлор гана аброй тапкан. Улуу адамдан кетсе кылыр иш— күн тутулганга тете иш; мүлдө эл укса жүрөгүңдү сайгылайт миңдеген шиш. Күнөөңдү күйүмдөш досуңа күбүрөй бербе, ал тургай сакталбасын дениңде. Элде эсиңе салар: «Көргөн көргөн жерде, уккан уккан жерде калсын»— деген кеп бар. Айтор, ыпластын чаңы сүртүлбөсүн сизимге.

125. Ээн-эркин жүр, кысылбай, бирок боло көрбө такымын кызаңдатып, таңыраңдап таркылдаган тайбастын, тууду бийке кызындай. Акылы жетик,көңүлү тетик улан-кыздын жүргөнү шар, сөзү бал, күлүп койсо, күн нурун жамынат, андайлар көрүнбөс каухар тагынат. Сылык-сыпаа сыйда мүчө илбериңки бул деле-көңүлгө майдай жагат, бирок, жаркылдаган ачык-айрым,аздектеген акылгөй-көргөндүн көөдөнүнө күн чырагын асат. Мунсуз жорук-жосун-суз, сулуулук, көрк тоңгон муз, зыңгыраган сымбатка акылмандык жана жалындуу жигер айкашса, ошондо гана болот сулуулукту байкашка. Адам аттуу аянбайт андайлардан.

 

Жыйырма бешинчи кат

Ассалоому алейкум, Уругум.

126. Көңүлүң көкөлөй берсиң! Көңүл кушу бийиктеп канат кага берсе, багынбай койбойт, тоскоолу күч, тоодой нерсе; шык, үмүттү жүрөккө демесе,акыл-ой бийиктейт, сымбатың сынына чыгып, айкөлдүгүң артат. Көтөрүңкү дымак барда асыл жан азап-тозокко да коёт чыдап,ар кандай ыпластыктан асман жердей алыс турат. Кең пейилдүү, кайрымдуу жана кажыбас кайраттуу көңүл кушун таптай билет.

127. Эч качан муң-зарыңды төкпө, санаага чөкпө. Арыз-муңун айтып, ар кимге даттанган,бир чети актанган, эзелтен эч кимге жакпаган, ырыстуу жерге батпаган, Эчакы өткөн кегин козгоп, ыйлап алгандар бар боздоп, андайлар кыжыр кайнатат, боор ачымак турсун мыскылдуу баш чайкатат. Акылдуулар, ушак-айыңдуу арызга кол серпет, өзүнүкүн жер түбүнө жеткирет, ошонусу менен досторун асырайт; душман таппайт.

128. Ишиң илгери болсун, көзгө толумдуу болсун. Бул жарыкчылыктагы бир жаңылыштык-иштин кымбатын баалабай, сымбатына карайт. Олуттуу ишиң бир жөн, аны ачыкка айгинелеп коюш— ал бийик конуш; баса көз көрбөгөн эмгегиң кимге таң. Сөз калган байыртан: «Бир көргөнгө берет жан». Мындайда көсөм көмүскөдө калган, курулай атакты куулангандар алган, чыныгы талант: «Чындык жок тура»,— деп арманда калган.

129. «Бакайдын берген боругу, көкөйдөн калбайт жоругу» — дегенди чечмелеп бер депсиң бул жолку катыңда. Кайран энең Каныкей Чыйырдыны жетелеп, Семетейди бооруна басып, канкакшап ыйлап качып баратканда Бакай артынан издеп барып, боруктун этин күл азыкка берген эмеспи. Айрыкча башка кара түн түшүп турганда көрсөткөн жакшылык кылымдар бою аңыз катары айтылып калганы да ушундан. Бакайдай акылман, айкөл көсөмдөрдүн колунан жүрөк кубанарлык берешендик, кечиримдүүлүк келет тура. Андайлар аңдышкан касын күн нурун жамына каршы алып, ызалыкты таман алдына басып, ырайымдуулугу менен достошо кетет; башкалар кагылыш чыгып кетпегей эле деп кыйпычыктап турганда маңдай жарылткан жорук чыга келет. Атасын өлтүргөнгө аш берген айкөлдүк саясат ишинде болсун, мамлекет башкарууда болсун өтө зарыл. Андайлар айкөлдүгүнө мактанмак түгүл жөн салды иш катары көңүлдөн чыгарат, бирок көрүп-билгендер андан сабак алат.

130. «Кабыргаңа кеңеш», кадырлууга теңеш. Иш кыйчалыштап турган маалда же акыл быт-чыт өңдөнгөн учурда «кабыргаңа кеңеш». Кабырга дегениңиз кандай дешиң ажеп эмес. Ал-акыреттик аялың. Байыркы динде: «Аял эркектин кабыргасынан жаралыптыр»— делинет. Ошондон улам кабыргаңа кеңеш деп туюк айтылып калыптыр. Кыжалат ишке келгенде, доочу кыстап турганда, жоо жакадан алып, бөрү этектеп турган кезде кеңешип кескен бармак оорубайт. Сурамчы да таарынбайт, досуң да наалыбайт.

«Кабыргага кеңешип» көрөлү деген сөз— кыжалаттуунун демин суудуруп, убакытты создуктурат. Ал эми абдан кысталышта кыр ашырып ажат ачкан-абийир таап, кадыры арткан.

 

Жыйырма алтынчы кат

Ассалоому алейкум, Уругум.

131. «Элиң ууру болсо ууру бол, бөрү болсо бөрү бол» — дегенди чечмелеп бериңиз депсиң, бул жолку соболуңда. Бир эл бир элди басмырлап,чабышып турган учурда айтылып калган сөздү, азыркы айрым акылсыздар өзүнүн айбын жаап-жашырмакка бетине кармап келишет. Мунун түп мааниси мындай: акылсыздар арасында жылгыз сен акылдуусуна берсең, алар сени көрө албай, мерт кылышы мүмкүн, ошол себептен алардын жоругуна ичиңден күл; байкатпай шардаңында жүр.Акырындап аларды артыңдан ээрчитип,оң жолго сал,жол башчы болуп кал..Ууру-бөрүнү ээрчисең-элден чыкканың, абийирден кеткетиң.Бөрүнүн бөрүсү бол деп кыйыткан кептин жөнү ушул.

132. Камдуу жүргөн-шаңдуу жүргөн. Бу жалган дүйнөдө башка не келип, не кетпейт. Асманда ар түрлөнүп калкыган ай сымал күнүмдүк жашооң бирде күмүш чапан жабат, бирде күбүргө салат. Эртеңин ойлоп, мезгилди бойлоп, камдуу жүргөндөр бар тойлоп. Өлчөп жеген өмүр табат, ашык оокат эртеңкиге калат, булайт ичсе-булактагы суу түгөнөт, алкы бузук карды ачса-ачууланып сөгүнөт. «Караан түнгө» камданам деп калкты канашалап тоногон-кудайдын каарына калат.

133. Кежирлик-келишпес жоо, акылдуулук тосмо болот боо. Калыс ишке каршы чыгып, күңкүлдөгөн дөдөйлүк көңүл иренжитет. Ырас, курч,таамай айтылган сөз чыгат, андайлар ойду адилдикке бурат. Такай талаш-тартышты сүйгөн,кеп жебей кежеңдей берип, далайды кууп чыгат чакырган үйдөн; андан жакындары да күйгөн, тели-теңтуш куйрук түйгөн.Каршыкма каман мүнөз, жылкы кыял — кемчилигин өлөр алдында туяр.

134. Иштин көзүн билбеген — итириңдеп жинденген. Кайбар иштин маңызын таштап, кармап келет кабыгын. Көөдөк өз жанын күүлөй берет,жамажайын көбүртүп сүйлөй берет; түшүмдүн кызылын коюп, жоодарын терет. Андайдын акылы туман, көөсөрлүк көөдөндөгү көзүн бууган; жашоонун маңызына жете албай, башы арылбайт ызы-чуудан.

135. Акылман өзүн курчутат, анткени ар убак эркинен жанбайт,күрөштөн танбайт. Көрүнгөн аны бийлей албайт, ушактап сүйлөй албайт, күнү түшүп күпсөрдөй байга барбайт. Өзү-бий, өзү-хан, көргөн-уккан айран таң. Бар тарабын жетилте берип, пайгамбар чалышка жеткен, кайра тартпайт хандан,бектен.

 

Жыйырма жетинчи кат

Ассалоому алейкум, Уругум.

136. Кийликпеген — бийиктеген. Эсиңе ушуну өзгөчө тут, Уругум, коомдук иштин көлү чайпалып куруйт, үй-бүлөдө бороон улуйт, ошолорго кийлигишпей четте бол. Көпчүлүк бири-бири менен кармаша да, кагыша да келген; талаш-тартыш тарагыча тынч коңул изде мындай жерден.

Дарыдан илдет күчүркөп кетиши да мүмкүн, бир гана жаратылыш сымал жайына коюп, күткөн оң; кыл табып доктор канчалаган дары жазып бериш үчүн, ошончолук билгени абзел, бирок дарыны бербегени ийги. Себеби – дене илдет менен өзү күрөшөт, өзү-жеңет. Демек тиричиликтеги тирешүүдө бороон басылгыча оозду басып, кулакты жапыр, кубанычын көрөсүң акыр. Булак чаңдуу шамалдан булганат, сен аны тазартам деп убара болбо, бир гана боло көрбө жолтоо. Кымындай иштен тутана кетет жанжал-уруш, анын басыларына башкы себеп— жанында болбойт туруш.

137. Нелер келип, не кетпейт алтын башың барында. Күн артынан түн келет, күлкү артынан— ый желет, кубанычка жарылбай, кайгыга багынбай жүргөндөрдү— пил тура делет. Бир күн бар кубаныч тартулайт, мындайда көңүл эргип, жыргалга батасың. Бир күн бүркөлө карайт, болор-болбос санаага камайт; дагы бир күн-кайгылуу түн, мындайда буулат үн. Санакорлуу күн-сайраңды жетелеп келер; тескерисинче өнүмдүү убак-өкүнүчтү туумак, өмүрдө болбос— өзгөрбөй бир орунда турмак.

138. Бардык иште башкысына жетмек, — ага жакшы табит таасир этмек. Аары азаптана берип бал жыйнайт,жылан— уу камдайт. Адамдарда деле ушундай табит: бири өргө умтулса, бири көргө сүйрөйт. Буюмдар деле табитке жараша жасалат, китептерден бири-ой издейт, бири-окуясына кызыгат. Кээсинде кесир чайкагыч адат— көптөгөн мыкты иштерден издеп жүрүп, бир кемтикти табат, мына ошого көөнү абат,көмө чапма атты тагат, андайга кумарлануу жана ой-пикирдин акыр-чикири жагат ошону көбүртүп-жабыртып жатып, ыракат алат. Алардын жашоосу эки нерсеге табынат: жан дүйнөсү кайгы черден азыктанып, сезими— чиринди ойго каныгат. Булардыкына караганда бактылуу татым-миңдеген ыпыр-сыпырдын арасынан бирден бир алгылыктуусун табат, анысы асмандан түшө калгансып көтөрө чабат.

139. Жабык көөдөн, таш кулак-чээндеги кашкулак. Өзүнүн ою-ой, акылы-акыл, ага түк жукпайт таалим, накыл. Кайда жүрбөсүн дымагы күч,өзгөнүкүн эшитпейт,өзү менен өзү кобурашат, өзү менен өзү акылдашат, андайга ким деген жакындашат. Бирок таштын жарыгынан чыга калгансып: «Баягыда мен айтпадым беле?», «Ии, ошондой дегем»,-деп аңкылдап,сөз жебейт да, кеп бербейт. Непада башыңды буруп кетсең, колдон тартып атайлап каратып алат. Кокус сөзүн коштобой же кубаттабай койсоң жүрөгүңдү канатып салат. Акылдуу андан кутулуштун амалын табат.

140. Кежирлик кейишке батырат, тилегин таштай катырат. Кеп жебес кежир бар-бул келесоолук, иштин маңызын билбеген, өз билгенин бербеген көкмелтей, бул айбан чалыш доюр. Тажаалдана талашат-олжодон куру калышат; албууттана акыйлашат-акыйкат кай тарапта экенин билбей адашат. Акылдуу ага теңелбей, актыгына бекем турат кебелбей; кежир соолугат, жеңилсе да болбой оолугат, көктүгүнө салып тоорулат.Өзүндөй өжөргө кабылат, ошондо барып талпагы ташка чабылат.

 

Жыйрма сегизинчи кат

Ассалоому алейкум, Уругум.

141. Осолдуктан оолап алып, ойкуштама опсолоңдуктун ороосуна түшүп калба. Осолдук да, элдин оозун ачырмакчы болгон опсолоңдук да – беделди түшүрүп,бет кызартар жорук. Далай далдакелер чет элдик жорук-жосунга жолугап, жашынан калды абийирден тосулуп. Ээ, бетим, тилик этек көйнөкчөн, көчөдөн көчөгө салып уруп жүргөн бар кызаңдатып жоон сан этин! Кээси жүрөт киндигин ачып, абийрин көрүнгөн жерге чачып,ошол кантип, үй күтөт, казан асып. Жакшыга жарашат араактан берээк оор басык, андайларга көөдөндүү жигит ашык. Максаттын бийигине бой ура албагандар, акылы жетилбеген; жан дүйнөсү жардылар сыртын борлоп,элдин оозун ачырмакка, чет элдик болуп, көрүнүшкө өзүн зордоп; бирок ата-салтын кордоп, жат элче жабырайт, эне тилин оордоп. Алар азыр чоң жарышта, катуу камынып жүрүшөт Америкага барышка, ар-корун үрөп, доллар күрөп алышка. Дурус болор эле сатынды салбар атка конушпаса…

142. Жаңылсаң да жарым жолдон кайрыл. Каны суюк, көзү туюк кезде кимдер жаңылбаган, кимдер модага жана байлыкка багынбаган. Жалт-жулт этип буластаган көз боочулук жаш жанды жалындатып, акыл-оюн тумандатып, эркин мокоткон, андай сыйкырлык динден да, дилден да, тилден да ажыратып, улуттук касиетин жоготкон. Мына, цивилизация шамалы-акылы тайыздарды, эрки бошоң белимчилерди, ач көздөрдү камгак сымал алдына салып, дүйнөнүн чар тарабына айдады. Далайы чет өлкөлөрдө жүрөт каңгырап киндик каны тамган ыйык жеринен ажырап, кул-күң катары бирөөлөрдүн ирегесинде жалдырап.

143. Кокуйлаткан дартыңдын колтугун ачпа. Дартыңа даттансаң — ал сени ого бетер сыздатат; касың укса, калкка жайып чаңызгытат. Ооруган жериңе дем салдырасың, жаныңды бир аз сеп алдырасың, бирок касыңды күлкүгө кандырасың. Арам ойлуунун издегени-жылчык, сөзү — уу сымал кычык, ооруңа оору демейт, туш — туштан кысып. Сезгич дене— сезгенгич келет, көрө албас көөсөр тымызын уусун себет, ошол себептен жан кишиге туйгузба демек. Оорусаң — куурадым дебе, айыксаң — жыргадым дебе, бири-унутулат тез эле, акыркысы көпкө сакталат көңүлдө.

144. Түпкүрүнө үңүл. Көпчүлүк буюмду түрүнө карап ылгашат, маңызына байкоо салбай, кабыгынан ичин теше карабай алданышат.

Алдамчылык акыйкаттан алга озот; бардык жерге мойнун созот; жанын сабаган мактоосу менен чындыктын жолун тосот.Акыйкат адашкан кейипте аксаңдап арттан келет. Акылдуулар азгырмалуу айгайдан күнөм санайт, иштин түрүнөн түңүлүп, түпкүрүнө карайт. Карбаластаган ала өпкө кабыгына суктанып зыян тартат көпкө. Асылдар ар качан түпкүргө чөгөт, ага кабыгы болот бөгөт; адистер жана аңдагычтар экөөн эби менен бөлөт.

145. Текеберлүүдөн тескери бурул. Элибизде: «Дымак — өрдө, ооз-баатыр,тил-текебер», — деген накыл калган. Мына ушул үчөө,үч шертинен кайтпаган маалда— ал киши жанына жан адам даагыс кара зоо өңдөнөт да калат. Канчалык кудайга колуң жеткенсип турган күндө да ийкемге кел, кылың кыйшайып калбайт, келди-кетти кеңешти ук. Кай бирде оң жолго баспас-оңолбостор жана текеберлүү терсаяктар тизгин тартышпай, жардан алыс кулашат. Ал эми ар тараптан жетилген адамдын эмгеги ак ниеттүүлөргө ар дайым ачык, жакшыларды жан дили менен жанаштырып, акыл ооштурат, ырыс жугуштурат, кеңештерине каныгат, качан болбосун камдуу турат жан дүйнөсүн жаңылап. Айтылган акыл, жашыруун сырды жабык карман.

 

Жыйырма тогузунчу кат

Ассалоому алейкум, Уругум.

146. Аңгеме — дүкөн кура бил депсиз, муну кандай түшүнсөм болот депсиң бул саамкы катыңда. Түшүнбөсүң да ырас, үйдө болсун, талаа да болсун орусча кулдурашат ата-энем, аларга эмне демек элем депсиң. Ата ордуна мындайча кеңеш берем; түшүнбөгөн сөздөрүң болсо, Константин Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүнө» үңүл. Сен экөөбүз кат аркылуу кабарлашып турганыбыз бул дагы— кеңешүү, аңгемелешүү, баарлашууга кирет, бирок бул бир эсе ойлонулган, акылга салган кагаз жүзүндөгү аңгеме-дүкөн. Менин каттарымды катып жүргөн болсоң-ал дагы дүр-дүйнөлүү дүкөн. Ал эми оозмо ооз, көзмө-көз баарлашкандан акыл жөндөмү, түшүнүктүн кеңдиги-сөздүн чебердиги баамдалат да –аңгеме кургандын чама-чыркы таанылат. Сөз баккан-тамырын кармайт доор каккан. Ошол себептен бир акылман: «Кана, кеп урчу, сөзүңдү угайын, көөдөндөгү көөкарыңды туяйын»,-дептир, ырас, достор, сыр билги курбу-курдаш арасында куюлуштура эркин маек курасың. Ал эми олуттуу адамдар арасында ойлоно сүйлөп, орундуу жооп кайтарасың. Баса, аңгеме татымдуу болсун десең уккан 
кишинин мүнөзүнө жана акылына төп келгидей ойду танда. Аңгемечи өзүнүн ой-акылы, айткандары жөнүндө талаш-тартышка түшпөй, көңүл ыраазы болгондой маанайда өткөрсө, уккандын жан дүйнөсү көшүйт.

147. Жамандыгын бирөөгө жаба салгыч — даана жан алгыч. Байыртан бери калк башкарган акимдер, жанын ардактаган зулумдар өз күнөөсүн, өзгөлөргө түртө салган; андайда аңкоолор, адал жүрөк момундар бирөөнүн биттүү тонун жамынып кала берген. Көбүнчө журт башындагы жуукур— мансапкорлорго, курулай атакка жанын бергендерге оңунан чыкпас ишин оодара келген, бирок акыйкатты кантип жашырат калың элден. Андайлар: «Ак безерди сызга олтургузган абийирсиз тура»-, делинген.

148. Өткөрөр буюмуңдун өңүн ача бил. Буюмуңдун өзү жакшы болгону бир жөн, бирок соода жүгүрткөндүн жүйөсүнө көн. Аларман ай-уйга келбей, көпчүлүк үймөлөктөгөн буюмга жутунушат. Барктап баасын ашырар, бабына келтирип мактаган менен жалган ат коюп актаган экөө сооданы кызытат. Бирок, чегинен ашырып аларманды иренжитип алба. Жабык сырлуу туюктанган жер-акыл да, татым да жүнүнөн жата калма жер.

149. Күн мурда күтүнө жүр, куудуң-шүүдуңга кулак түр. Алдын ала аңдагыч, өлүмтүгүн камдагыч, өскөндү жандагыч—  утурумдук убайымды алдагыч, андайлар кокустуктан коркпойт, кокуй күн болсо да тооптойт. Табыйгатын таш боор соккусуна акыл-ою тетик, эрки жетик туруп берет аска сымал бекип. Камкөш, кайдигер жүргөн— капалуу өмүр сүргөн, кайраттуулар алсыздарга күлгөн. Алдын ала аңдаган арабасын алыска айдаган.

150. Олутуңду таба бил. Бул жарыкчылыкта кимдин адамкерчилик баа-баркы өйдө болсо, ошого көңүл оодарышат; аны жандаганга тигиге айтылган мактоонун көбүгү чачырабай калсын. Жылдыздуу асманда ай жарыгын чачып турса, андан өткөн ким бар; күн чыкканда ай көрүнсө көрүнөт, көрүнбөсө жок. Сени басынтаар жерден оолап, жаркыратып жагалдантаар тарапка ыкта. Бирок, жалганчы шумдарга аралашам деп акылыңдан адашпа, абийириңе шек келет, көргөн эл карашса. Кыргызда мындай кеп бар: «Жетип алгыча жакшыларды жакала, жетип алган соң өз атыңды такала».

 

Отузунчу кат

Ассалоому алейкум, Уругум.

151. Кеткендин кемтигин толтурам дебе. Үмүт, тилек,ой максатыңдан оргуштап алыс узай аларыңа көзүң жетеби? «Манастан Чубак кем бекен, мен кантип эле кечөөкү өткөн акын-жазуучулардай боло албайын?— деп төш каккандар кездешет. Ээ, арман дүйнө-ай, өткөндөрдүн атак-аброюна жетип, алардан эки эсе ашып түшкөнү болду бекен?. Хрущев Сталинден ашып түштүм деп, анын эстеликтерин танка менен кыйраттырып, сөөгүн мавзолейден алып чыгарып, жерге көмдүргөнү менен, өзү өлгөндө көрүнө батпай, сыртка чыгып, кайра көмүлгөн. Ырас, Хрущевду жер-сууга тийгизбей мактаган көшөкөлөр көп чыккан, бирок Сталиндин генийлиги ал чыккынчынын жүзүнө кара көлөкө түшүргөн. Завалуу арбактардан ашып түшөм деген — жумурай журтка адамкерчилиги жана элге сиңирген эмгеги менен көрүнө албай, жети өмүрү жерге кирген.

152. Сүйүүгө ашыкпа, ишеничке аптыкпа. Акылы жетиктер ишенимге ой калчайт, анын артына алдамчылык уйгак сымал жабышып алары айдан ак.Деги ишеним адамдын өмүрүнө тете. «Ишенимден кеткен, жарым-жартылай ажалы жеткен»— делинет. Аңдоостон ишеничке аптыкпа. Эгер ишенбесең сыр алдырба, непадам ыргылжың түрүңдү салып койсоң осолдук болор сезип калса; сени калпычы деп коёр. Өтүрүктүн өлүмгө тете эки белгиси бар, бири-эл ага ынанбайт, экинчиси-өзүнө өзү ишенбейт.Угуп жатсаң оюңду бөлбө, анын оюн орундуу көрбө. Эркекти көрсө, көз ымкып, жаракөрлөнө караган, ал тургай элди көзүнө илбей моюнга асыла калгандар бар. Андайды көрбөгөн жаның: «Сүйдүм» деп, акчасын алдатпа эне-атаңдын. Сөзү менен эмес, иши аркылуу ишендирип туруп, сайга аркандап кеткенден сактан.

153. Алыска жашайм десең ачууну тый. Ачууну тыймак акылдууга иттен арзан. «Бир колуңдун ачуусун бир колуң менен бас»,-делинет акылмандын насаатында. Эрктүү жана маданияттуулар ызалыктан бийик туруп, акырындан суутуп алат. «Атаңды өлтүргөнгө аш бер»,-деген айкөлдүк акылдууну каарданган учурдан да кармантып калат. Ал эми эрки бошоң, алешем акылдуу ачуулангандык кылбасын, оозуна келтирет Алласын. Медицина илиминде ачууланган са йын бирден нерв бүртүгү жансерек болуп турат дейт экен. Ичи тар, ит кыял, гүлдөгөн өмүрүн эртелеп өзү кыяр.

154. Досту тандай бил, жолдошту ылгай бил. Достун мыктысы — бир жаманчылыкта; бир жакшылыкта сыналат, айрыкча башка түн түшкөндө канат сымал кыналат; куруп калаарында кудайындай колдоп алды дешет. Ошондон улам, дос кудайдын аты — досмун деп оозанба, аны аткарыш арзан иш эмес деп айтылып калган. «Жанга күйгөн жандай дос, жанга күйбөгөн кандай дос» -деген макал бекеринен айтылбаган чыгар. Баса: «Мага досуңду көргөзчү, мен сен жөнүндө айтып берейин», — деген экен бир акылман. Тилекмат чечен: «Акылмандын жолдошу бар, теңи жок, акылдуунун ачуусу бар, кеги жок» — деген тура. Анын сыңарындай жан бирге жолдош, жардам берер курдаш — жаманчылыкта бири-бириңди колдош. Жалт берме дос — жакшылыгыңды көргөн соң кайыр кош. Туздаш, даамдаш болуп жүрүп, туу чокуга чыкканда артына кылчайбас жолдош — акыр түбү оңбос. Чукугандай сөз табар, бетке чабар курдаш-чайга таарынган күнү боло бербейт муңдаш. Жакшылыгын доолаган — жаманчылыкта табаасы кана жоолаган; түпкүлүгүн ойлобос, эч оңолбос, андайдан эртелеп кол үзгүн аман.

155. Адамдардын ак, карасын терге, ар кимге алдана бербе. Элдин баарын өзүңдөй көрбө; кээси жетелейт өргө, кыйды кыяр сүйрөп салат көргө. Турмушту билем дегениң менен өтө албайсың— элден, аларды аңдай келсең— түбү океандан терең. Теңдешсиз терең акылдуу гана элдин мүнөзүн жана ой-санаасын талдап; ошого жараша сөзүн камдап артынан ээрчитип алат ымдап-жамдап. Адамдарды аңдай албас— ал ооз көптүрмө карбалас.

 

Отуз биринчи кат

Ассалоому алейкум, Уругум.

156. Досту тапкандан баккан оор. Бул жарыкчылыкта кадырлашып, сыйлашкан канаттуу кушка тете. Курбу курдаштарың арбын болсо, сыймыгың артып, мартабаң өсөт. Албетте, алардын ысыгына күйүп, суугуна тоңсоң; учарга канатың, конорго куйругуң болот. Досторуң ар түрлүү болору анык, бири алыстан сыйлашканга устат, бири жакында туруп, жаныңдан чыкпайт, төтөн жаманчылыкта ыктайт. Ошентип, убайды, ынтымактуу ыракатты, ажырагыс биримдикти досторуңдан көрөсүң. Досту тапкандан баккан оор.

157. Дөдөй, келесоо, акмак акылдууну ала албайт чакмак. Чыныгы илимпоз — чырлуу акмактарга чыдамдуулугу бош. Акылман гана акмактын баш терисин байкайт, акыл менен жайкайт. Байыркы грек философу — Эпиктет: «Чыда жана кармана бил», — деген акылман сөзүндө — сабырдуулукту жана көтөрүмдүүлүктү акылмандыктын жарымына теңеген экен. Айрыкча көөсөрлүккө көтөрүмдүүлүк этип, акмакчылыкты аттап өтүп, сандырак дөдөйгө сабырдуулукту күчөтүп жүргөн абзел. Жетекчиң болобу, жээк-жергең болобу — айтор, сен көзүн карар көсөлдөрдөн көргүлүктү көрөсүң; ошондо барып көтөрүмдүүлүктү машыктыр, денеңди ийлеген сымал эркиңди курчутуп, туруктуулугуңду сепил сымал бекемде. Акмак аткан таш сага жетпей турсун. Чыдамдуулук жаныңды тынч алдырып, ыракатка батырат. Акмактардын соккусуна солк этпегендер өңү-түсүндө эч бир капачылыктын белгисин сездирбей, жайдарыланып турган сайын; кежир-дөдөй жинденип, ыз-быз атат. Абайласаң, айланаңда акмакчылык отоо чөптөй уругун чачат, акылмандар камырабас кайраты менен акмакчылыктын көрүн казат; карышкыр оттон жалтангандай алдамчылык адилдиктен ат чабым алыс качат.

158. Аңгелешкенде аяр бол, Уругум, ошондо байкалат сенин туругуң оозуңдан чыкса байкалбай, аны кайтарып ала албайсың аркандай. Кырдаалга туш болосуң ар кандай, сөзүңдү төгө бербе жамгырдай. Тирешкен жерде тилиңди тарт, санаалашың кездешсе да боло жүр, сагызгандан сак. Ким аңгемелешкенде ачылса тез, тилинин азабын тартат кез-кез. Жабык тилде, жашыруун дилде-катылуу жатат касиеттүү керемет.

159. Ышкыбоздугуңду ылгай бил. Ар кандай ишке ышкың түшүп, ошого кумарланып алма адат ар кимде болбой койбойт. Кемтиксиз дегендер да ышкылуу келет, кээде ошонусуна бөтөнчө маани берет. Майдачылыкка багынган кумардык-кудай ургандык. Ал кылыгы өзүнө жал чайнатса, элдин кыжырын кайнатат. Мындай учурда өзүн өзү жеңе билип, карманып калган астафрылда эте, анысы— каармандыка тете. Кай бирөөлөр мыкты ишиңди баалап көтөрө чабаар, бирок мылжың ышкыбоздугуң кейишке салар.

160. Көрө албастан көтөрүңкү тур,карасанатайдын үстүнөн сайраң кур. Жоолашканың жөнүндө жондото мактасаң аны жер каратканың,карамүртөз каарды кагылышта кайраттана жеңгениң, адебин колуна бергениң. Дал бүгүнкү кезде жаманга жакшылык арттырсаң коркту дейт, мактасаң— мени алдап, бирдеме өңдүргөнү жатат дейт; байкамаксаң болсоң, саламга келбей калыптыр,карап турсун деп кекене сандырактайт. Сенин ар бир жакшылыгың анын ичине ит өлтүрүп, мойнуна көрө албастыктын сыйыртмагын салат, сенин жыргалың куунаган — анын ичер ашын уулаган. Ичи тар бир өлбөйт, анын касташканы канча жолу мактоо укса, ошончо жолу ызалыкка муунат, кайрадан каардана кубулат; бирөөнүн жаманчылыгын укса, кубанычка жуунат, башкалардын башына бакыт консо, жарынып алмак колунда канжар болсо. Бул жарыкчылыкта даңкталса бирөөнүн өлбөс өмүрү— анда эле табытка түшөт караөзгөй арамдын өлүмү.

 

Отуз экинчи кат

Ассалоому алейкум, Уругум.

161. Ар ким пейлинен тапсын, дегенди чечмелеп бер деп өтүнүпсүң. «Тар пейилдүү жарыбайт, кең пейилдүү кемибейт», — деген өңдүү макал-ылакапты чечмелей жүргөнүңөр абзел. «Коногу пейил күтсө, үй ээси капа болот», — деген бар. Пейлин кең салып, башкаларга ырайым арттырса, пейли тойгон жердин кулуну делинип, ата-теги баркталат. Кай бирөөнү кырсык араласа— пейлинен тапты дешип, табаа сымал баяндашат.

162. Ой чабыты — үмүт чалгыны. Ой ойлонуп, тилек тиленип, андан соң максатты бет алат эмеспи. Ишке орношордо болсун, махабат кумарында же калк камында болсун, ой санаа кандай орундалат деп, алдын ала илүү салган оң, капыстан качырат кайсы бир мүнөзү тоң. Алдын ала аткарар ишке жол чаап, жылчык издеп, ишенген соң ишке киришет кандим-аяр, андайга баары даяр.

163. Күрөшүң күмөнсүз чындыкка толсун. Турмуш күрөш делинет. Ак безер да күрөшкө бел байлайт, аны абийири ,ар намысы зордоп айдайт. Андай айкашка абийирдүү адамкерчилик артыкчылык этет, албетте жеңээрин жеңет, айтууга татырлык келет. Уят сыйытсыз, дөдөйлүк жеңиш— эстен кеткис кейиш. Айкөлдүк андай кармашта акыйкаттын туусун ыргайт Кишиликтүү адам досунун кемчилигин түзөтүп, аны өзүнө душман кылып албайт, ачуу айтышта быкый чукушуп, төмөнчүлүккө барбайт. Капыстан ачууга жеңдирип, оозуна ак ит кирип, кара ит чыкса андайдын кадыр-баркы кыска. Байыркы бир акылман: «Бул жашоодон сезгичтик, айкөлдүк жана чынчылдык адашкан маалда, аны сенин көөдөнүңдөн издешкенге сыймыктан»,— деген экен.

164. Сөзмөр — киши жана ишмер – киши. Бул жашоодо буларды ажыратыш деле анча кыйын эмес. Иши оңунан чыкпаса, сөзү бышпаса, албетте жаман; ал эми сөзү жагымсыз, иши жарамсыз болсо, отто быкшыган – саман. Сөз соккон шамал, күзгү менен күндү чагылтып, куш күйгөндөй амал; бир гана кең көөдөн мактоого канар, ыракат алаар, албетте кеп керектүү ишке келет төп. Сөңгөгү чириген, мөмө бербеген жалбырактуу дарактын көлөкөсүнөн бөлөк неси бар. Ушундан улам курулай сөз менен кунарсыз ишти баамдап ал. Куру сөз курсак тойгузбайт.

165. Өзүңдү күнүгө көөрүкө сал, болоттой курчутуп ал. «Жалгыздын жары кудай» — деген бар жалган жашоодо жардам этериң болбосо, жалындап соккон жүрөгүңө табын, ал чарчап баратса, көрө бер алтын башыңдын камын; андайда артыкча дем берет акыл карачач жарың. Тапталган болот сымал эркиң менен тагдырдын таш боор соккусуна тургун белен.Убайымга батсаң упарак болгонуң, үзүлгөн гүлдөй солгонуң. Кимдин көөдөнүндө эрк, кайрат жалбырттап жанса, солк эте койбойт тагдырдын чагылганы урса. Ошол себептен акылман уулун ит өлөр жерге ителеген,азап-тозоктун тосмолору аркылуу алдыга жетелеген.

 

Отуз үчүнчү кат

Ассалоому алейкум, Уругум.

166. Бетбактар дарбыды депсиң. Мактанчаак даңк сүйгүч, кеп жебес кежир,кыйкымчыл кырс, көрөалбас ичи тар, шылдыңкор –сөзү каар, учурмалуу ушакчы, ууру-бөрү тузакчы, кекирейме келес, маньяк мерес, сектант-элден бөлүнгөн жек көрүндү элес— мына ушулар уят-сыйытка ооздук бербестер. Айлуу түндө акылынан адашкандар, келин-кызга жолобогонду кечил деп санашкандар; уятыңды урдум, кыска өмүрдө кызыктуу турмуш курдум деген жолбун сүйүүнүн кулдары; ар-кордон аша кечип, көчөлөп жүрүшөт, кийимдерин чечип; адамкирчиликтен куйрук түйгөн, алда качан бети күйгөн, ак безерге кайгыны үйгөн— мына ушулар эртелеп өз өмүрүн кыйган. Ойлойсүң, деги буларды кимдер дарымдайт да кимдер дарылайт, антпесе коом ыпластыктан арылбайт. Тартип бошоң жерде, тартынчаак момун элде акмактар сайран курат төрдө. Бир гана акыйкатчыл мыйзам бетбактардын тилегин кыйган. Ак ниет, акыйкатчыл эл акмактарды агызар сел.

167. «Бир карын майды бир кумалак чиритет». Ачык тийген күнгө тик багып тиктей албайсың, качан гана тутула түшкөндө ышталган айнек менен жан талаша карайсың. Кынтыксыз жүрүп, бир жерден кылт берсең, жуулуп кетет бардык актык нерсең. Абийирдүү мактагыча акмактар мурун аңдап, айгайлап чыгат дагдаңдап. Ага арданба, акмактар сенин актык ишиңди көрбөй коюп, кымындай кемтигиңди кетет керип-чоюп.

168. Көрөңгүнү үзбө. Көрөңгү үзүлсө, ачкыл ачыбаган сымал, бар күчүңдү үрөсөң кампаң каңгырап турар. Ала турган билимиңди үнөмдө, кереги тиет бир бүрдөмдө. Күрөш маалында колуң турса буктурма жагында кайратың демелет, ишенимиң артат. Артын кайтарынган акылдуунун ар качан, иши орундалат чапчаң. «Карала каптын кагынчык, аңдыгандын жаны чык»— деген бар. Чыныга чыкпаган кагынчык чымчып бума ундай дем бергени ушундан.

169. Колдооруңду кол жоолукка айлантпа. Ардактуу кишиңди — атактуу ишке сал. Мансабы мыктыны майда ишке кор кылба, аны колдоно бил качан гана башыңа иш түшүп турганда. Бийикке колу жетип турган, ажалга баратканды камырдан кыл суургандай кылган; бүтпөстү бүткөрүп тынган, ага каршы чыккан ак жеринен сынган. Акылманга тагдыр атак-даңк жана бийликти кош колдоп сунган. Ардактуу дос күтүш, кадырына жетиш алтындан артык иш.

170. Кудайдан коркпогондон корк. Ай-уйга келбей, аңкылдап качырып сала бергендер кездешет, андайга ким деген теңдешет; абийирин небак төккөн, адамдыктын сазына чөккөн, акырында кудайды сөккөн. Аны менен айтышка барба, албан түйшүк менен түптөп алган түгүңдү түшүрүп алба. Анын бир гана көөлү тили, сенин актыгыңды жууса да кеткис кири. Акылман акмакка аярлана кеп уруп, жоошутуп алат, жеңилимиш этип туруп, кебез сыйртмак салат. Акмакка теңелген, абийирден кемиген.

 

Отуз төртүнчү кат

Ассалоому алейкум, Уругум.

171. Акмактын бир артыкчылыгы – айнек сымал морт. Көөдөнү көңдөй – ичи көөдөй, кыялы кырс, сөзү чорт, аз эле сөйкөнсөң айнек сымал морт. Көңүлү көзүнөн асыл, тамашаңды жашыр, кыткыл көзүңдү качыр, үнүңдү угузба, колуңду суңгузба. Мындайдан үч эсе сактан, кыжырына кың дебе, кечирип кой кемчилик кетсе ал жактан, анык келесоо эмеспи жаткан. Бир нерсе жакпаса, жанжал салат кайыры-чайыр, жакшы көргөнү жан жыргатыштын кулу, жар-жар эте жаңырыктайт жанында турса пулу. Көөдөй көөдөнүн жаркытат имиш — каухар, асыл таштын нуру, даңкка жеткенсийт мойнунда эки кабат турса, алтын шуру.

172. Ашыккан өмүрүнө каршыккан. Ар иштин бүтөөр мөөнөтү бар, ошол гана убак убай берет. Узак өмүр сүргөндү, акылга салып аяр жүргөндү байкасаң — алар эч качан шашпаган, күйпөлөктөп куру санаага батпаган, нерви тынч, көңүлү куунак. Кай бирөө жүрөт дуулдап, эки жылдык ашты бир эле жегиси бар бурдап, бирок алар билбейт, өөнөп жатканын өз жанын уурдап. Машина минип ашыккан — бир кырсыкка тушуккан, өтө семиз өлүп тынат, бат байыйм деген бирди көрүп тынат. Эки диплом алам деп ээликкен бар, эс алышка зар, чачы апакай кар. Бул жарыкчылыкта бакыт азап менен келет, бирок көз ирмемдик кубаныч берет. Ар иштен анча –мынча кубанычты ашыкпаган аңдап, ыракатка батат.

173. Жөн билги – жөнөкөй жашайт. Бул ааламда баарынан өткөн улуулук — жөнөкөй жөн билгилик, карапайым калыс жашагандык деп бил. Жөн билги— адамдын кадырына жетип, барктай да, баалай да билет, бардык иште өлчөмүнө баш иет. Жеңил ойлуу жөн билгини байкуш санайт, атактууну жандайт, курдаштан курдаш тандайт, баарынан четтеп, жер карап көзүн пардайт. Кээ бирөө бар желтаман, акчасы саман, кызыл кулактык этип байып алган; жөн билгини жөөлөй салып өтөт, адал эмгек, ырысынан бөлөккө барбаган. Акыйкатты сүйгөн калк жөн билгини төбөсүнө көтөрүп алат; кудасына куу баш тарткан кызыл кулак – четке сүрүлүп калат. Арам ойлуунун эсебин акыйкат доор табат. Жөн билгиден нарк калат, тантыктан тарп калат, абийирин сактагандын атагы алыска барат.

174. Өзүңдү өзүң бил, өзгөнүн тилине кир. Өзүңдүн чама-чаркыңды, көөкарыңды аңдап бил, акылың чак болсо, өзгөдөн ооштур, билбегенди билип ал. Кай бирөө жүрөт, кыйынсына билегин түрөт, билбегенди билем деп, өзүн өзү жалган сүрөп, бирок айбын ачып коет чындык деген түгөт. Өзү билбейт, билгендин тилине кирбейт — бул айыкпас илдет укум-тукумун зилдейт. Билбегенди сурап алган уят эмес, акылына акыл кошулганды эч ким жаман дебес. Кызматың бийик болсо да билгенден кеңеш сура, абийриңди аздап-аздап кура. Кыйладан угуп ой калча, пайдадан бөлөк зыян тартпайсың кылча.

175. Ыржандаган теңтуштук жана ыксыз жөнөкөйлүк. Улууну улуу дебей, кичүүнү кичүү дебей, тамашалай берсе ээлигип=жаалыга батынан кетет, баа — баркы кемийт. Төтөн кызматы бийик, олуттуу адам тамашага шоотуп, оозуна оңбогон окуяларды чубурткан сайын, ар кимге анын жан дүйнөсү дайын, сыйдан каңтарат, жерге-жээк, кайын.Демек, оозуңду бас, оолак кач; олутуңду, жүргөн-турганыңды ондогонго шаш. Көпчүлүккө көп көзүкпө, жакындасаң жабык сырың ачылат. Жалпылдап жакшы аттуу болом дебе, жогору жактагыларга ыктаганың коркунучтан чыкпаганың, өзүңдөн төмөнкүлөргө чукул барба-бардык жерде аралыкты карма, шылдың болуп калба. Калп эле барктап, шынаарлап албасын дөдөй, акмак, анда эле алар алат чакмак. Өтө эле өмөчүктөгөн сылык-барып турган жагымсыз кылык.

 

Отуз бешинчи кат

Ассалоому алейкум, Уругум.

176. Жүрөгүңдү тарбиялай бил. Эмне, ишенбей турасыңбы, бул пикириме. Жүрөк-бүт өмүрүңө себепкер, ансыз денең тилсиз дудук, жалдырама керең. Жүрөктү акыл башкарып, кыймыл, таза ава, татымдуу азык күүгө келтирет. Жүрөктү жашоонун азап-тозогуна ар тараптан машыктыр. Быкшыган отсуз жүрөк — чылым менен ичимдиктен калат жүдөп; аккумулятор сымал дене тарбия аркылуу дүрмөттөлүп турбаса, күнү бүтөт. Ырас, табыят берген оттуу жана сезгич жүрөктөр болот, ар кандай окуяны алдына ала туюндуруп коёт.

Ар кимде боло бербейт алгыр жүрөк; ал суу жүрөккө сумсайыңкы карап, ичтен күлөт. Такшалган жүрөк-өмүрдүн акырына дейре сакталган жүрөк. Баатыр жүрөк-жеңиштерге турат сүрөп. Уругум, өзүңдө Ата журт деп тынымсыз соккон жүрөгүң болсун.

177. Кармана алган — каадалуу ишке балбан. Жан дүйнөң-жая салган картага тете. Терең акыл, теңиз жанда чексиз тереңдик жатат. Кыргызда бекеринен: « Эр жигиттин ичине ээр токумду ат батат», дешпеген чыгар. Бир жагынан сырга бек, бир жагынан кармана да, өзүн өзү тыйып, токтото да алган сапатты сыпатташкан. Тоскоолдукту тоотпой, ашкере кайнаган ачууга солк этпей, капачылыкты, ызалыкты таман алдына басып, кармана билиш-өзүнчө каармандык иш. Ал эми жан дүйнөсүн жая салган-акыр түбү оозун карманган. Жабык сырдууга жанкечти амалкөй жабышып алат, акыр түбү бир балээге салат. Ошол себептен бир акылман: «Аткарар ишиңди айтпа да, аткарылбас ишиңди ачыкка сал», — деген тура.

178. Кастарлашыңдын карасанатайын кайталаба.Акылсыз акылдуу ойлогондой иш бүтүрбөйт; дөдөй кантип аткарарын түшүнбөйт. Эстүүлөр эки жакка көз жүгүртөт, келер жоосун амал менен түңүлтөт. Демек, иштин эки жагын ойло бири-өзүң үчүн, бири касың үчүн. Адамдар сен ойлогондой болбойт, аңдоостон жолуңду торойт, болор кокустуктан коргонбойт, андан оор кырсыктан аман калышты болжойт. Касыңа касыңдай карөзгөйлүк этсең ал дагы күчөйт, үн катпасаң жеңилди дейт,кайра катылса, тумушукка бирди жейт.

179. Жалгандыка барба, чындыкты шыпкап салба. Акыйкатты айтып, адилдикти карманып, чындыкты сыртка чыгара билиш — өтө аярлыкты талап этет. Чындыкты шыпкап коюп, жүрөгүң сыздап калбасын. Анын анча-мынчасын жылдырып, калганын кармана жүргөн абзел. Бирок, акыйкатты карманам деп, бир жолку айткан жалгандыгы жакшы деген атын жууп салган. Алданган— аңкоо келет, алдамчыны — акмак дешет. Ошентип акыйкаттын жарымын өзүңө сактасаң, калганын башкаларга багышта.

180. Эрдиктин үрөнү — эртеңки муундун жүрөгү. Өсөр эл бири-бирин баатырым деп чакырган, өспөс эл бири бирин каапырым деп бакырган. Жүрөгү тайкы болсо да: «Ой, тигинде батыр келатат», — десе, уккан адам шерденип, эрдикке барган. «Баарын коюп, манасты айт» — деген экен биздин түпкү ата — бабаларыбыз. Көрсө, Манасты уккандын көөдөнүнө намыс оту жагылып, жоо беттешке камынып, элин коргошко, элөөрүп чыга келген тура эрктүүлөрү таанылып. Башка сөздүн баарын тыйып, манасты көрүп ыйык, бешиктеги наристеден өйдө муюп, жоокерчил журттун жүрөгүнө шердик уюп, байыртан бери жашап келет кыргыз эли улам кийинкилердин көөдөнүнө баатырдыктын үрөнүн куюп. «Баатырдын атын алыстан ук, жаныңа келсе бир киши», делинет макал кепте. Ошол себептен жаштардын жүрөгүнө эрдиктин үрөнүн сеппей кетпе.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Ашымбаев К.А., 2007. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 9823