Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Турусбек Мадылбай, 1992. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 11 декабры

Турусбек МАДЫЛБАЙ

Пелорус-Жек

(кыял икая)

Адамдай сүйлөгөн делфин менен илимпоздун ортосундагы таймашуу жөнүндө кыял икая көптөгөн маселени козгойт. Адам айбанатты өзүнүн кызыкчылыгына пайдалануусу туурабы? Илимпоз пендечиликке алдырып акылдуу делфинди кыянатка түрткөнү оңбу? Бул икая боюнча жазылган сценарий түрк тилине которулуп, Түркия киночуларынын кызыгуусун туудурган. Буйруса, жакын арада Пелорус-Жек аттуу укмуш делфин тууралу филмди да көрүп калышыбыз мүмкүн

1992-жылы “Ала-Тоо” журналынын 8-9-сандарында басылган
    ISSN 0320-7390

 


                                                                                        Досум Алексей Воскобойникке, Кара деңиздин 
                                                                                        боюнда, Дагомыста жүргөн жыргал мезгилдерди 
                                                                                        эскерип.

 

Леша! Ошол күнү сен түнү менен уктабай, таң атканча жээкти бойлоп, мени издеп жүрүптүрсүң... Албетте, үйүңө мейманга келген адам бир аз сууга түшө калам деп, анан көздөн кайым болуп, жоголуп кетсе, кантип уктамак элең? Анан дагы сен эмне болуп кеткенин түшүнбөй деле калдың да, ошондойбу? Чынын айтканда, мен өзүм дагы кандай кокустукка чалдыкканымды билбей калдым, анткени ошол маалда эсими жоготуп койгом...

 

Ал күнү биз экөөбүз жаңы эле Ростовдон келгенбиз. Сени мени мейман болуп кет деп, үйүңө чакыргансың, мен болсо Кара деңизде киринеерими ойлоп, макул болдум.

Экөөбүз Ростов-Сочи поездине түшүп, оруну жок белет алганыбыздан барар-барганча тамбурда туруп, улам тамекиден түтөтүп коюп, терезеден көрүнгөн шаарлар, талаалар, тоолорду, анан кайрадан шаарлар, бекеттерди карап келаттык. Ростовдо көп иштерим калып, алардан кабатырланып турган жаным көз алдыбыздан тынбай өтүп жаткан аймактарды көрүп, кубанганыман бир аз тынчый түштү.

Бир маалда көзүмө жылуу учурай калган бекеттин атын окуй коюп, мен сүйүнгөнүмөн сөөмөйүм менен көргөзүп, анын которулушун сага айттым:

– Ак-Сай... Это же Белая Речка, – деп сени мен бир таңгалдырдым биз Ростовдон чыга бергенде.

– Уч-Дере... Это, по-видимому, означает "Три тополя", только по-киргизски это звучит, как "Үч-Терек", – деп дагы бир таңгалдырдым биз Сочиге жакындап калганда.

Бирок биз Сочинин өзүнө барган жокпуз, анткени анда кайра артка кайтууга туура келмек. Поезд Дагомыстан шлагбаум ачылганча ылдамдыгын бир аз басаңдатат экен, ошондуктан биз чыга бериште даяр туруп калдык, анан ал бышкырынып, кичине токтой бергенде, экөөбүз тең жерге секирип түштүк.

Алдыбыздагы уч-кыйыры көрүнбөй, көгөрүп чалкыган деңизди карап туруп, сууга түшүп албасак болбойт деп, сени да киринүүгө азгырдым.

– Бирок өтө алыс кетпе, – деп эскерттиң сен.

– Мине, буерде акулалар барбы? – деп күлүп койдум мен.

– Акула го жок дечи, бирок баары-бир анча аоыс сүзүп барбай эле кой...

Мен чечинип алып, сууга түштүм. Май айынын аягы болчу, суу жылуу экен. Жээкти көздөй тынбай умтулуп жаткан толкундарды акырындап кечип отуруп, суу боюму басып калганда, кулач уруп жөнөдүм. Сен болсо бир-эки мертебе чөмүлүп алып, жээкте кала бердиң.

Менин деңизде биринчи жолу киринишим болчу, ошондуктан кумарланып отуруп, жээктен алыс кетип калганымды да байкабаптырмын. Деңиздин суусунун иазалыгына суктанып, алдымдагы чырмалышкан балырларды карап, бирде коркуп, бирде кайра аларды кызыгуу менен изилдеп жатып, мен сенин кыйкырганыңы да укпаптырмын. Кээде суунун түбүнө чөгүп барып, миң түрдүү боекторго боелгон балырларды, алтын балыктарды, көгүш тарткан мейкиндиктеги ажайып көрүнүштү таңыркап карап калам. Деңиздин астындагы түркүн дүйнө калың катмарлардан зорго өтүп келген күндүн нурларына чагылышып, ар кандай боектору менен ойногондо, кудум эле Матиссдин* сүрөттөрүндөгүдөй болуп турат экен. (*Матисс – Франстын белгилүү сүрөтчүсү) Ушинтип мурда эч жерден көрбөгөн ажайып ааламды мен өзүм үмүн азыр биринчи жолу ачып жаттым, өзүмдү бактылуу сездим.

Ошол маалда башкалардан чоңураак бир балык мени айланып сүзө баштады. Анчалык чоң болбогондугу менен сүрү жаман экен деп коркуп, мен өйдө чыгууга умтулдум. Суудан чыга калганымда гана тигил айланамдагы тегеренип, улам жакындап келаткан акула экенин көрдүм. Ал суунун астында гана анчалык чоң эмес сезилген турбайбы!

Мен колдорум менен суунун үстүн чапчылап, буттарым менен тынбай тыбырчылаганыма карабастан, ордуман эч жыла албай койдум, ал эми акула болсо дале айланып, ар бир айланган сайын жакындап, мени кысып келе берди. Бир маалда айланам толкуп кеткенин көрдүм, анан толкунбу же акула өзүбү мени уруп жиберди. Көздөрүм караңгылап, суунун түбүнө чөгүп баратып, тигил акула мени дагы бир сыйра айланып келатканын байкадым. Анан мен эсими биротоло жоготуп койдум.


    Ал эми сен ошол убакта нары-бери чуркап, элди жардамга чакырып жүрүпсүң. Сен да бир нерсе болуп кеткенин байкап калдың көрүнөт. Бирок, тилекке каршы, ал маалда Кара деңиздин бул бурчунда бир да адам жок болчу.


    Азыраак эсиме келгенде, мен эмнегедир тез ылдамдыкта сүзүп баратыптырмын. Кандайча сүзгөнүмдү өзүм деле билбейм, аң-таң болуп, мен баамдашымда бир нерсени катуу кармап алганымды гана билем. Ар тарабыман толкундар көбүрүп, денеми шамал каптап, мен белгисиз бир багытта сызып жүрүп отурдум.

Бара-бара эсиме келдим көрүнөт, алдымы карамакчы болдум, бирок бетиме урган шамалдан эч нерсени көрө албай койдум. Анда мен экинчи колум менен мени сүйрөп баратканды сыйпаладым: тигинин териси жылмакай, балык өңдүү экен. Менин денем бүт диркиреп чыкты. Бул эмне, акулабы? Жок, акула эмес болушу керек, деп соороттум өзүмдү, эгер акула болсо, анда ал эмнеге мени дароо жеп койгон жок? Алардын минтип өз жемин сүйрөп кеткенин мен эч качан уккан эмесмин. кандай гана болбосун, мен аны кое бербей, кайра ого бетер тырышып алдым.

Көздөрүм тунарганына болбой, мен бет алдымы кароого чымыркандым: алдыда бир нерсе карайып турду, аска-зоолордон түзүлгөн жээк же арал окшойт. Мени жээкке алып баруучу бул кандай акылдуу жаныбар, деп ойлодум мен, анан ошол замат делфиндер тууралу уккандарымы, окугандарымы эстедим. Чын эле, делфиндер адамды сактап калган канча мисал болгон: мен бир аз жай ала түштүм.

Делфин түз эле аскаларды аралап жөнөдү, буйтап барып, акырында мени сүйрөгөн бойдон бир тешикке кирип кетти. Ал тешиктин ичи караңгы үңкүр экен, биз аны аралап жүрүп отурдук. Делфин мени каякка алып баратат? Эмнеге алып баратат? Кичине эсиме келген жаным, менин кайрадан көңүлүм чөгүп калды. Делфин түз эле барып, алдыда карайып турган темир торлуу дарбазага такалды. Ал чырылдап ышкырды, көп убакыт өтпөй дарбаза ачылды. Биз кайрадан сүзүп жөнөдүк. Делфин кимге белги берди, ага ким эшикти ачты, деп айран калдым мен.

Делфин таштардан капталган күңүрт далисти бойлоп отуруп, мени аркасына учкаштырган бойдон кенен, жарык бассейнге кирип барды. Үстү жакта эки-үч адам бизди чыдамсыздык менен күтүп туруптур, алар мени дароо делфиндин жонунан ала койду да, колдорундагы жабууга ороп калды. Буттарымы зорго көтөргөн мени алар чакан бөлмөгө алып кирди да, ал жердеги булгаары капталган кичинекей сөрүгө жаткырды. Булар ким? Мени бул жерге эмнеге алып келди? Адамдарды жолуктурганыма ичимен кубансам да, кабатырлык менден кетпей койду: мен тигилерди аңырайып карап алдым.

– Насылсын, кардешим?* (*Кандайсың, досум? (түркчө)) – деп сурады алардын бирөө, мени көпкө карап туруп, жылмайып.

Мен анын суроосуна түшүнгөн жокмун, бирок сезип турдум, ал кыргызчага окшош бир тилде сурап жатат.

– Хау а ю?* (*Кандайсың? (иңглисче)) – деп иңглисче кайрылды анын жанындагысы.

Мен университетте окуган иңглис тилди чала-була эстеп, ага жооп бердим:

– Уэлл...* (*Жакшы (иңглисче))

Бейтааныш адамдар бири бирин карап, өздөрүнчө жылмайып калышты. Анан берки биринчиси дагы сурады:

– Сен ким олуйорсун?* (*Сен ким болосуң? (түркчө))

Эми мен котормочусуз эле түшүндүм.

– Кыргызмын, – деп жооп бердим мен.

Тигилер ого бетер кубанды. Биринчиси (ал тигилердин кожоюну болсо керек) өзүн көргөзүп:

– Бен Түркүм, – деди. – Сен нерелисин?* (*Мен түркмүн... Сен карденсиң? (түркчө))

Мен кайра түшүнбөй калдым.

– Бен Түркүм, – деп кайталады ал башынан. – Түркийели... Истанбулдан... Сен нерелисин? Анладын мы?* (*Мен түркмүн... Түркиядан... Ыстамбулдан... Сен карденсиң? Түшүндүңбү? (түркчө))

Эми гана мен анча-мынча түшүнгөнсүдүм.

– Түшүндүм, – дедим мен. – Советтик... Кыргызстанданмын...

– Совйет? Совйет мисин?* (*Советтик?.. Советтиксиңби? (түркчө)) – тигилер кол чаап жиберишти.

Анан алардын чоңу мени муңайыңкы карап алып, жолдошторуна бир нерсе деди, мен аны түшүнбөй калдым. Беркилер бардыгы чыгып кетти. Андан кийин тигил өзү да ордунан турду.

– Азыжык динлен, – деди ал, менин үстүмдөгү төшөктү оңдоп жаап. – Йорулдун*. (*Бир аз эс ал... Чарчадың. (түркчө))

Ал мага дагы бир жолу жылмайып койду да, чыгып кетти. Мен бөлмөдө жалгыз калдым. Демек, мен Түркияга келиптирмин да... Булар кандай кишилер? Доспу же каспы? Эми эмне болом? Оюма ар нерселер келип жатты. Алар эмнеге мен советтикмин дегенимде кол чаап жиберишти? Эмнеге алардын чоңу мага мындай табышмактуу жылмайып койду? Ушул суроолордун бардыгы мени кыйнап туйлатты. Мен чет мамлекеттерге барган советтик туристтердин кээ бирөөлөрүн уурдап кетишкени жөнүндө, анан аларды кыйнап, ошол мамлекетте калууга мажбурлашканы жөнүндө укканымы эстеп алып корктум. Мени да ошентеби? Мени да суракка алабы? Бул жерден качуу керек. Бирок кантип? Бул үйдөн чыга албастыгыма көзүм жетип турду, ал эми деңиз аркылуу мен каякка бармак элем? Бирок ошентсе да качуунун айласын табам, мен эптеп советтик кемелерге жетип алсам, андан нары кандайдыр болбосун кетип калам. Бирок менин паспортум жок да, советтик деңизчилер мен алардын мекендеши экениме кантип ишенет?

Ушинтип көпкө ойлонуп жатып, мен уктап калдым.


    ...Ал эми сен болсо, Леша, ошол убакта жээкти бойлоп, мени чакырып издеп жүрүптүрсүң. Ошондо менин минтип башка мамлекетке түшүп калаарым сенин оюңа да келбегендир? Муну мен эмнеге сурайм, ал кезде тагдыр мени мындайча кылып башка жерге алып барып таштаарын өзүм да билген эмесмин.


    Эртең менен ойгонсом, эшикте бирөө ырдап жатыптыр:

  Динле нейден ки хикайет кылмада,
      Айрылыклардан шикайет кылмада...*

  (*Уккун найды икая айтканды
      Айрылуудан кабар бергенди... (түркчө))

Анын үнү созолонуп чыгып, ал намаз окугансып, өңү суз болуп калды. Эмнеге ал мынча муңканат? Эмнеге анын өңүндө мынчалык кайгы көп? Бул адам абдан жапа чексе керек, деп ойлодум мен, мындай адам башка бирөөнө жамандык кылбайт.

Ырдап бүтүп ал мага:

– Аз беклесин*, (*Азыраак күтө тур. (түркчө)) – деп койду да, өзү кетип калды.

Көп убакыт өтпөй менин бөлмөмө бир адам оокат алып кирди. Курсагым ачканын мен ошондо гана эстедим, тигил адамдын артынан түз эле бөлмөгө кирип бардым. Жайылган дасторкондун үстүндө жайнаган оокаттар бар экен, мен эч кимди күтүп отурбай, ал оокатка колуму сундум. Абдан ачка болуптурмун, мен шашып-бушуп колума тийген нерселерди ала коюп, аны чала-була чайнап эле жутуп жаттым. Тойгонуман кийин оозу-башымы аарчынып, эч нерседен ишим жок, кайра отуруп калдым.

Бир пастан кийин кечеги кишилер бардыгы менин бөлмөмө кирип келишти. Алар дароо эле колдорун сунуп, мени менен тааныша баштады:

– Исмет...

– Исмаил...

Эң акырында жанагы ырдап отурган адам дагы келип, мага колун сунду:

– Шүкрү...

Мен анын колун катуу кысып кармадым.

– Эсен, – деп атадым мен өзүмү.

Ошентип мен өзүмүн бөтөн жерде аргасыз жүрүүмдөгү тагдыр сунуш кылган адамдар менен да таанышып алдым.


    ...Ал эми сен, Леша, бир апта бою мени издеп, эң кур дегенде деңиздин толкундары өлүгүмү жээкке чыгарып коебу деп, күндө ошол мен түшүп кеткен аймакты карап, сураштырып жүрүптүрсүң. Эгер сен менин кандай окуяларга учураганымы билсеңчи? Бирок ал кезде мени эмнелер күтүп турганын өзүм деле билчи эмесмин.


    Ошентип тагдыр мени Түркияга алып барып таштады, Исмет, Шүкрү, Исмаил деген адамдар менен тааныштырды. Бул үйдөгүлөрдүн бардыгы Шүкрүнү "бей-эфенди" деп кайрылат экен, менимче, ал бул жердин ээси болсо керек. Мен да бир жолу ага "бей-эфенди" деп кайрылганда, ал мага мындай деди:

– Сен мени жөн эле атыман айта бер... Биз экөөбүз доспуз да. Ал эми тигилердин "бей-эфенди" дегени деле кокусунан. Менин эч кандай байлыгым деле жок, өзүм да карапайым балыкчынын баласымын. Болгону ушул пундамбы? Муну мен ичпей-жебей, акчамды үнөмдөп жүрүп, куруп алгам. Бул кишилер болсо мага өз ыктыяры менен кошулган, бардыгыбыздын тилегибиз бир болгондуктан чогуу жашап калганбыз. Биз ынтымактуу бир үй-бүлөбүз, жада калса, мен аларга бир тыйын да акча төлөбөйм. Өзүбүз ар жерден эптеп тапкан биртике акчабызга жашайбыз, бул үйгө болсо түнөгөнү гана келебиз.

Сен таңгалып жаткандырсың, Леша, булардын бардыгын кантип билдиң, кантип түшүндүң деп? Таңгалбай эле кой... Түрк менен кыргыз тилдери окшош болгондуктан, мен бир-эки аптадан кийин эле тигилерди кадимкидей түшүнө баштадым, ал эми бир айдан кийин өзүм да сүйлөп, аларга эптеп колу-башым менен көрсөтүп жатып, бир нерселерди айтып берүүгө жарап калдым.

Бир күнү мен Шүкрү-бейге мени көптөн бери кызыктырган суроо менен кайрылдым:

– Айтыңызчы, Шүкрү-бей, – деп сурадым мен андан. – Баягыда мени сактап калган делфин азыр кайда?

– А-а, сен Пелорус-Жекти сурап жатасыңбы? – деди Шүкрү-бей. – Ал азыр деңизде жүрөт.

– Ал эми бул жерге дагы келеби?

– Албетте, келет, – деди Шүкрү-бей, анан менин делфин тууралу аябай кызыкканымы байкап кошумчалады. – Ал көбүнчө деңизде жүрөт, бирок кээде бул жерге дагы келип калат.

– Андай болсо, эмнеге ал мени түз эле ушул жерге алып келди?

– Анткени ал адамдардан тааныганы биз элебиз.

– Бирок ал дарбазанын жанына келгенде кандайдыр бир белги берди го?

– Оба, ал белги бербесе, биз анын келгенин, анын үстүндө сенин бар экениңи да билбейт болчубуз.

– Кызык, – дедим мен. – Эгер ал көбүнчө деңизде жүрсө, анда сиздер аны кантип түшүнөсүздөр?

– Ал үйрөтүлгөн делфин, ал адамдардын тилин билет.

– Сиз аны кантип үйрөтүп алдыңыз? Ал бул жерге чанда келет турбайсызбы...

Шүкрү-бей мени сынагансып карап алды да, анан мага муну айтып берди:

– Мейли, анда эмесе угуп тур, – деди ал. – Алтымышынчы жылдары мен Имроз.

Аралында илимий-изилдөө станциясында иштеп калдым. Мен ал жерде күнүнкүсүн күндө деңиздин түбүнөн геологияга керектүү ар кандай нускаларды алып чыгып турчумун. Бир күнү адаттагыдай эле сууга түшүп, деңиздин кен-байлыктарын изилдеп жатканымда, түз эле мени көздөй килейген бир акула атырылып келди. Качууга үлгүрө албай калган мен коркуп кетип, көздөрүмү жума коюптурмун. Азыр эстесем ошол оокумда менин көз алдыман бүт өмүрүм өткөнсүдү, мен өлүмгө дагы даяр болуп калдым окшойт. бирок такай келип калган акула мага тийбей токтоду. Көзүмү ачсам, жанагы мени коркуткан акула эмей эле, делфин экен: ал кичинекей балачасынан күлүп, мени кызыгуу менен карап туруптур, анысы аз келгенсип көзүн да кысып койду. Менин коркунучум дале тарабай, оозуму ачкан бойдон тигини тиктеп калдым. Оба, ал чын эле делфин экен: тумтук тумшугу кыйнач барып, тырык маңдайына кадалган афалина*. (*Афалина – делфиндин бир түрү) Бирок жапайы делфиндер эч качан адамдарга жакын сүзүп келбейт, буга окшоп ойногону нары турсун. Демек, бул афалина бир жер де үйрөтүлгөн болсо керек, деп ойлодум мен.

Биз экөөбүз тең бири-бирибизди тиктеп тура бердик, анан акырында мен кичине эсиме келгенде, жээкти көздөй сүзүп жөнөдүм. Азыраак жылып баргандан кийин аркамы карасам, делфин дале мени артыман тиктеп туруптуптур.

Ошол күндөн баштап афалина мага дайыма сүзүп келчи болуп алды: мен иш кылып жүргөнүмдө, ал жаш балачасынан артыман ээрчип жүрүп, акыры экөөбүз достошуп да калдык. Мен аны белгилүү лоцман* — делфиндин наамынан улам Пелорус-Жек деп атап койдум. (*Лоцман – деңизде жол көрсөтүүчү) Билсең керек, 1888-жылы Жаңы Зеланддын Түндүк жана Түштүк аралдарынын ортосунда жол көрсөтүп берүүчү Пелорус-Жек деген делфин болгон. Ал дайыма Д'Үрвил аралына жакындаган кемелердин алдынан тосуп чыгып, аларга жол көрсөтүп, суунун астындагы маржан аскалардан тийгизбей алып өтчү. Бирок анын аты бүт дүйнөгө тарап, адамдардын арасынан анын терисин алуучулар да табылгандыктан, 1911-жылы аны бир деңизчи атып койгон. Дал ошол делфиндин урматына мен өзүмдүн жаңы досуму да Пелорус-Жек деп атадым.

Кийинчерээк мен бир окуяга байланыштуу Имроздон кетүүгө аргасыз болдум. Кете турган күнү Пелорус-Жек менен коштошкону деңиздин боюна барып, кайыкка түшүп алып, жээктен алыс сүзүп жөнөдүм. Делфин мени көп күттүргөн жок, бир аз сүзгөндөн кийин эле, ал жетип келди. Ошондо мен эмне болгонумду билбейм, жаныбар менен адамча сүйлөшүп жибериптирмин.

– Пелорус-Жек! – дедим мен. – Билесиңби, мен бул жерден кетишим керек...

Делфин денесин тик кылып алып, башын чайкады.

– Шарт ушундай болуп калды...

Пелорус-Жек ыйлагансып чыңырып жиберди. Менин жүрөгүм сыздай түштү.

– Мен сени менен коштошкону келдим...

Делфин дагы чыңырды.

– Кош бол, Пелорус-Жек! – дедим мен, анан чыдабай тескери бурулуп, жолума түштүм.

Ал эми Пелорус-Жек артыман кыйкырып-чыңырып кала берди.

Ошентип мен делфин менен коштоштум, ошол эле күнү кемеге түшүп алып, өзүмүн жерим Анатолуга жөнөдүм. Бирок биздин кеме булуңга кирип калганда, артыбыздан мага тааныш үн чыкты. Аркамы карасам, делфин кемеден калбай сүзүп келатыптыр. Мен бир жагынан сүйүнүп, бир жагынан айла таппай капаландым. Ал эми Пелорус-Жек дале сүзүп келе берди. Ишенесиңби, ал ошентип Богазга чейин калбай келди. Ошондон бери биз экөөбүз айрылбайбыз, ал эми сен угуп жүргөн, баягыда сага жагып калган ырды мен делфинди сагынанда гана ырдайм. Эсиңдеби:

  Динле нейден ки хикайет кылмада,
      Айрылыклардан шикайет кылмада... -

деп бүтүрдү өз баянын Шүкрү-бей.

Мен көпкө унчукпай, адам менен делфиндин ортосундагы бул укмуштай достукка ичимен суктанып отурдум.


    ...Бирок сен мындай укмуш делфин жөнүндө билген эмессиң, Леша. Эгер билгениңде, балким, менин өмүрүмдү ага коркпостон тапшырып коюп, иынчып калмаксың. Оба, Пелорус-Жекке окшош таңгалаарлык делфин болоорун ким билиптир?


    Андан нары бул жерде көргөндөрүм уккандарыман да өтүп кетти. Шүкрү-бей делфин менен жалаң эле достошпостон, ал аны адамдардын тилине да үйрөтүп жатыптыр.

Бир күнү мени сырттагы кызык бир үн ойготту. Ал үн адамдыкына окшобойт, бирок адамдай сүйлөп жатты. Мен сыртка чыксам, бассейнде делфин сүзүп жүрүптүр. Мен ага жакындай бергенимде, Пелорус-Жек мени карап, бир маалда оозун ачып учурашты:

– Салам!

Мен ириде эмне болуп кеткенин түшүнбөй, оозуму ачкан бойдон эле туруп калдым.

– Учурашпайсыңбы, Эсен, – деди мага Шүкрү-бей, кыткылыктап күлүп.

Мен дале эмне кыларымы билбей турдум: ким билет, мүмкүн, мени шылдыңдап жатышабы, дедим мен, ичимен ызаранып. Бирок делфин бир аздан кийин дагы учурашты, ошондо гана мен Пелорус-Жек өзү сүйлөп жатканына ишендим.

– Салам! – деп жооп бердим мен ага.

– Гүзөл! Гүзөл! – деп тикесинен туруп алып, нары-бери чуркады делфин.

Менин оңтойсуз сезгеними көрүп, Шүкрү-бей ыкшып калды. Ал эми Пелорус-Жек дале тегеренип чуркап (оба, анын тикесинен туруп алып, сууда сызып баратканын башкача сөз менен айтууга болбойт), улам кыйкырып, кубанып жатты:

– Гүзөл! Йашамак гүзөл!* (*Жыргал! Жашоо жыргал!)

– Пелорус-Жек! – деп кыйкырып жибердим мен өзүмүн да кубанганыман. – Сени сүйлөгөнгө ким үйрөттү?

– Шүкрү-ү! – деп созолонду делфин. – Шүкрү-ү!..

Шүкрү-бей бир аз күлүп туруп, анан кайра мостоюп калды.

– Пелорус-Жек! – деди ал, ойноп-чуркап жүргөн делфинге. – Токто, токтоп турчу бир, бай болгур!.. Лейла кана?

– Инеболуда, – деп жооп берди делфин, жаш балачасынан күлүп.

– Карасаң мунун күлүп жатканын! – Шүкрү-бей да чыдабай күлүп жиберди. Анан мени колуман тартты. – Жүр, нанүштө болуп калды.

– Пелорус-Жекчи? – деп сурадым мен.

– Ал ойной берет, – деди Шүкрү-бей. – Анын курсагы ток, ошондуктан ал минтип ойноп жүрөт да...

Биз нанүштөгө кирдик. Эмелеки укмушту көргөн менин кумарлыгым ашып чыгып, мен оокаттын үстүндө да чыдай албай, Шүкрү-бейден кызыгып сурадым:

– Сиз кантип делфинди үйрөтүп алдыңыз, ал көбүнчө деңизде жүрөт эмеспи?

Тигил оокатын шашпай чайнап, жай сүйлөп, мага түшүндүрүп берди:

– Эсен, сен журналдардан окуган чыгарсың, 60-жылдары америкалык илимпоз Жон Лилли Элвар деген делфинди адамдарча сүйлөөгө үйрөткөн, – деди ал. – Мурун мен деле бул илимий жаңылык тууралу эч нерсе билчи эмесмин, бирок Пелорус-Жек менен достошкондон кийин, анын акылы адамдыкынан кем эмес экендигине көзүм жеткенден кийин, мен бул укмуштай айбанаттар жөнүндө бүт изилдөөлөрдү окуп чыктым. Ишенесиңби, делфиндердин мээси адамдыкынан эч айырмасы жок экен, муну мен мен Иңглистанга, Мэн аралынан көргөм. Эгер делфиндин мээси адамдыкына окшош болсо, анда ал деле биз билгенди биле алат, биз кылганды жасай алат, деп ойлодум мен, анан Пелорус-Жекти үйрөтүүгө кириштим. Менин биринчи изилдөөлөрүм эч кандай натыйжа алып келген жок, себеби мен да мурунку изилдөөчүлөрдүн жолу менен жүргөм. Ал эми тигилердин эң негизги катасы: делфиндин акылын, аң-сезимин канчалык даңазалаганы менен алар баары бир аны айбанат катары гана карашчы. Анан ошол көз караш менен изилдөөлөрүн жүргүзгөн. Алардын изилдөөлөрү да адамдардын майда-чуйда мукта ждыгын көздөчү, мисалы, америкалык профессорлор Батто менен Бастиандардын Пойнт-Мйудагы изилдөөлөрү АКШынын деңизде куралдануу күчтөрүнүн демилгеси менен өткөрүлгөн. Мунун өзү эле делфиндерди эмнеге үйрөткөндүгүн айкындап турат.

Ушул катаны түшүнгөн күндөн баштап мен башка жолго түштүм. Албетте, мен мурункулардын тажрыйбаларына дагы таяндым, бирок изилдөөлөрүмүн негизги багытын өзгөрттүм. Көпчүлүк изилдөөчүлөр делфиндерди бассейнде кармайт, мен болсо Пелорус-Жекти ачык деңизге кое бердим. Менин деле бассейним бар, сен аны көрүп турасың, бирок бул жерге делфин каалаган маалда келет. Менин оюмча, бирөөнү кул кылып, камап алып, анан аны дос бол, мага бир нерселерди үйрөт деген болбойт го. Ал эми мага чейинкилер бардыгы дал ошондой кылган. Бирок анда кантип делфинди сүйлөгөнгө үйрөтсө болот деген суроо туулушу мүмкүн. Мен ал маселени да чечтим: мен делфинди деңизге кое берип, бирок кээде өзүм же менин аялым Пелорус-Жек менен кошо сүзүп чыгабыз. Ошол мезгилде биз алардын тилин үйрөнүүгө, Пелорус-Жекти адамдардын тилине үйрөтүүгө аракет кылабыз, аны менен досчулугубузду бекемдейбиз. Андан тышкары делфин кээде өзү дагы бассейнге келип турат, мен болсо ал мүмкүнчүлүктү да текке кетирбей, алым жетишинче андан кабар алууга аркеттенем.

Мына азыр эле өзүң көргөндөй, Пелорус-Жек адамдай сүйлөгөндү билет, бул да болсо биздин достугубуздун шарапаты. Мен аны кыстабайм, болгону гана мага билгендериңи үйрөт дейм. Ошондо делфин досуна ишенгендиктен мени көп нерселерге үйрөтөт, анан өзү дагы менден бир нерселерди үйрөнөт. Көрдүңбү, тирүү жандар бири бирин түшүнүү үчүн аз эле нерсе керек: достук мамиле кылсаң болду.

Шүкрү-бей кебин мына ушинтип аяктады. Биз экөөбүз тең ордубуздан туруп, бассейнди карай бастык. Пелорус-Жек дале сууда сүзүп жүрүптүр, бизди көрө коюп, ал дагы тикесинен тура калды да, кайрадан чуркап жөнөдү.

– Йашамак гүзөл! – деп кыйкырды ал.

– Гүзөл, гүзөл, – деп жооп кайтарды ага Шүкрү-бей. Анан делфиндин кулагына (албетте, менин оюмча, кулагына, себеби мен анын кулагы каерде экенин деле билчи эмесмин) шыбырагансып ырдай баштады:

  Ханги лимана гидер,
      Бу йүз дирекли геми...*

  (*Кайсы лиманга кетет
      Бул жүз дарактуу кеме... (түркчө))

Пелорус-Жек анын артынан ырды кайталады. Анан Шүкрү-бей дагы бир ырды баштады:

  Айрылык бир дал, гүлүм,
      Сен ен ажы йемиши...*

  (*Айрылуу бир тал, гүлүм,
      Сен эң ачуу жемишсиң... (түркчө))

Делфин бул ырды да кайталап, ырдап жиберди. Менин байкоом боюнча, ырлардын бүт эле муңдуу экен, мен бул тууралу Шүкрү-бейге кайрылдым.

– Убагы келгенде билесиң, – деп койду Шүкрү-бей. – Убагы келгенде бүт баарын билесиң...


    Ошентип, Леша, мен укмуштай делфин менен тааныштым, Шүкрү-бейдин илимий эрдигине күбө болдум. Бирок менин баамдашымда Шүкрү-бейдин дагы бир сыры бардай. Ал кандай сыр? Эмне деген сыр? Мен ошол сырын билүүгө ынтызар болдум.

Ал эми сен болсо ошол мезгилде мени табуудан түңүлүп, менин жоголгонум үчүн өзүңү күнөөлөп, ичиңен туталанып жүргөнсүң.


    Бир күнү делфин кайрадан бассейнге келди, бирок өзү жалгыз эмес, үстүнө бир кызды учкаштырып алыптыр. Биз бир жолу "Махабат дастаны" деген кино көрбөдүк беле, Леша, тигил кыз дал ошол кинодогу актрисага окшош экен.

Кыз суудан чыкты, аны кубаныч менен күтүп турган Шүкрү-бейди кучактады. Менин оңтойсуз сезип, кызарып кеткеними байкаган Шүкрү-бей ага бир нерсени шыбырады.

– Таанышып кой, Лейла, – деди ал, кызды колунан алып, мени көздөй ээрчитип. – Бул Эсен, биздин кыргыз досубуз...

– Уккам, уккам, – деди тигил кыз, мага колун сунуп жатып. – Пелорус-Жек мага сиз тууралу көп айтып берген.

Мен чычалап кеттим: делфин кантип муну айтып берсин?

– Сиз мени шылдыңдап жатсаңыз керек, – дедим мен Лейлага. – Делфинди он чакты сөзгө үйрөтүп койсо болот, ырдаганга да үйрөтсө болот, бирок ал өзү адамдай болуп ойлонуп, көргөнүн сүрөттөп берүүгө үйрөтүү мүмкүн эмес!

– Таарынбаңыз, Эсен, – деди Лейла. – Менин сизди шылдыңдай турган деле оюм жок болчу. Ал эми Пелорус-Жек сиз жөнүндө айтып бергени чын. Ал, жада калса, сизди кандайча куткарып алганын да айтып берген, ишенбесеңиз өзүнөн деле сурап көрсөңүз болот...

Мен нес болуп туруп калдым, бир жагынан Лейлага орой сүйлөгөнүмөн уялып, бир жагынан делфиндин мынчалык акылына таңгалып, мен өзүмү шерменде болгондой сездим.

– Жүрүңүз, Эсен, – деп колуман алды Лейла мени. – Ошончолук да жээктен алыс кетесизби? Деңизде өзгөчө этият болуу керек.

– Болду эми, Лейла, коногубузду биротоло чүнчүтүп алып жүрбөйлү, – деди Шүкрү-бей. – Жүр, Эсен, сага өзүмүн оабораториямын ичин көрсөтөйүн.

Мен экөөнүн артынан ээрчидим. Биз бассейндин артындагы бөлмөгө кирдик. Ал жерден мен жайнаган илимий-техникалык шаймандарды көрдүм. Шүкрү-бей мени отурууга чакырып, анан өзү да отурду, шайманды иштетти. Экран көгөрүп барып, анда Пелорус-Жек көрүндү.

– Кандайсың, Пелорус-Жек? – деди Шүкрү-бей.

– Гүзөл!.. Гүзөл! – деп жооп берди делфин.

– Сабагыбызды уланталыбы?

– Макул, – деди делфин.

Мен экрандагыны таңгалып карап турдум, ал эми Шүкрү-бей менен делфин сообатын уланта берди.

– Кана, ырдап койчу, – деп суранды илимпоз.

Пелорус-Жек ырдады:

  Айрылык бир дал, гүлүм,
      Сен ен ажы йемиши...

Ооба, Леша, делфин жакында эле үйрөнгөн ырын, анда да аны обонго салып ырдап жатты. Сен таңгалып жатасың, аны билем, бирок өз кулагым менен угуп, өз көзүм менен көргөн менин таңгалычымы айтпа.

...Ал эми Пелорус-Жек бир ырын бүтүп, экинчисине киришти:

  Ханги лимана гидер,
      Бу йүз дирекли геми...

Анан Шүкрү-бей делфинге жаңы сөздөрдү үйрөтө баштады.

– Эсен... Эсен... Эсен, – деп бир нече жолу кайталады илимпоз.

– Эсен... Эсен... Эсен, – делфин менин атымы так айтып жатты.

– Эсен биздин досубуз, – деди Шүкрү-бей.

– Эсен биздин досубуз, – деп кайталады Пелорус-Жек.

Анан Шүкрү-бей мага өз ордун бошотуп берди.

– Эми сен сүйлөшүп көрчү, – деди ал.

– Эмне деп сүйлөшөм? – мен алагды болуп калдым.

– Каалаган нерсең жөнүндө сүйлөшө бер, – деди Шүкрү-бей. – Мисалы, ал-акыбалын сура. Сени кантип салкаганын сура...

– Пелорус-Жек! – деп кайрылдым мен делфинге. – Акыбалың кандай?

– Гүзөл! – деп жооп берди делфин.

– Пелорус-Жек, мени кантип сактап калдың, айтып берчи.

– Сиз жээктен алыс кеттиңиз, – деди делфин. – Мен жээкке жакын сүзүп жүргөм. Сизге акула кол салды. Мен акуланы өлтүрдүм. Мен сизди Шүкрү-бейге алып келдим.

– Пелорус-Жек! – деп кебибизге кошулду Шүкрү-бей. – Айтчы, Эсен жээктен канча алыс кетти?

– Эки чакырым, – деди делфин.

Мен оозуму ачып калдым. Ал эми Шүкрү-бей болсо делфин менен сабагын уланта берди:

– Эми акырында Маалендин ырын ырдап койчу* (*Маален – чын аты Жалаладдин Урумий – белгилүү түрк акыны), – деди ал делфинге.

Пелорус-Жек дале обонго салып, ырдай баштады:

  Динле нейден ки хикайет кылмада,
      Айрылыклардан шикайет кылмада...


    Леша, ишенгин-ишенбегин, бирок делфин кадимки эле адамдарча ырдап жатты. Созолонгонучу! Эгер аны сахнага чыгарып койсо, менимче, ал эң мыкты ырчылардан болмок. Пелорус-Жек эң ылдыйкы үндөрдөн эң бийигине чейин созот экен!

Бирок ошентсе да мен анда көргөндөрүмү алигиче түшүмдөгүдөй ойлоп жүрөм.

Леша, Леша!.. Мен ошол оокамды дагы бир кайталоо үчүн эч нерсеми аябас элем. Сен ошол убакта менин жанымда болуп калбаганыңы карачы!


    Лабораториядан чыгарыбыз менен Шүкрү-бей мага өзүнүн күндөлүгүн берди да:

– Мына, муну окуп көрсөң, сен менин кантип делфинди сүйлөгөнгө үйрөткөнүмдү билесиң, – деди.

Көк мукабалуу дептер экен. Мен аны бөлмөмө алып келип, дароо эле барактап кирдим. Чынында, бул күндөлүк деле эмес, ар кандай чачыранды жазылган маалыматтардын жыйнагы экен: илимий изилдөөлөрдүн конспектилери, көрүнгөн жерлерден алынган кабарлар, илимпоздун өз ойлору, абалкы саясатка көз караштар, комментарийлер, – ушулардын бардыгы кандайдыр бир түшүнүксүз калыпта чаташып чогултулуптур. Бир эле беттен делфиндин угуучу касиеттери тууралу маалымат менен Түркиянын 60-жылдардагы саясий абалын баяндаган кабарды, Пелорус-Жекти кайсы сөздөргө үйрөткөнү жөнүндө жазуу менен каянат* жана мухитти изилдөө иштери бирге өнүгүү керектигин жактаган Шүкрү-бейдин өз макаласын окуса болот эле. (*Каянат — космос) Килейген дептердегинин бүт айтып отурбай, мен сага жалаң гана делфиндерди изилдөөнүн тарыхын азыраак баяндап берейин, Леша, антпесем сен менин окуямдагы кээ бир нерселерди түшүнбөй калышың ыктымал. Албетте, мен кээ бир майда-чуйдаларын унутуп коюшум мүмкүн, анча-мынча жерлеринен жаңылып да калат болушум керек, бирок сен аларым үчүн мени кечирип кой. Анда эмесе, угуп тур...

Делфиндерди адамдардын тилине үйрөтүүнү, мен жогоруда айткандай, америкалык нейрофизиолог Ж. К. Лилли баштаган. Ал Виржин аралдарында бир нече делфиндердин үстүндө байкоо жүргүзүп, алардын мээси, акылы, аң-сезими адамдардыкынан кем калбайт деген жыйынтыкка келген. АКШнын аэронавтика жана кеян изилдөө Улуттук башкармасы Лиллиге делфиндердин бир түрү – афалиндерди адамдарча сүйлөөгө үйрөтүү үчүн 80 миң доллар акча бөлүп берген экен. Бирок илимпоз ойдогудай натыйжага жете албай койгон: анын Элвар аттуу делфини 10-12ге жакын бири бири менен эч кандай байланышы жок сөздөрдү гана кайталап айтууга жараган. Анткени менен делфиндердин адамдарча сүйлөгөнү бүткүл илимий чөйрөнү козгоду, бирок бул жолу окумуштуулар ой келди иш жүргүзбөстөн, ар кимиси өз тармактарына жараша изилдөөлөрдү алып барышты. Биоакустик Жонсондун байкоолору боюнча делфиндер 20-30 децибеллге чейин дабыштарды угат экен. Ал эми генератордун күчүн улам көбөйтүп отуруп, ал Аврора аттуу делфини 142 000 герц үн толкундарын укканын байкады. Бул адамдын угуучу касиетине салыштырганда он эсе көп эле!

Дал ушул изилдөөлөрдүн негизинде илимпоздор делфинди дабыш аркылуу көрөт деген жыйынтыкка келди. Бирок делфиндердин бири бирине ышкырып-кыйкыргандары жалаң эле белги бергендигиби же алар бири бири менен сүйлөшкөнүбү? Мисалы, бир жылдары 20-30 чарчы чакырым айланада көптөгөн миң делфиндер чогулгандыгы байкалган. Алар эмнеге чогулду? Жөн эле оокаттанганыбы? Бирок ал чакан аралыкта анчалык көп делфинге жем деле жетпейт болчу да. Демек, делфиндер кандайдыр бир өздөрүнүн жыйынына келген болушу керек деген божомол пайда болду.

Бара-бара делфиндердин сырын ачуу үчүн башка мамлекеттер дагы изилдөөгө киришти. Советтер Союзу Карадагта биологиялык пунда түздү. Ал жерде жаш илимпоз Анатолий Титов делфиндердин жүрүш-турушун изилдеп, аларга бир нерселерди үйрөтүүгө далалаттанды. Советтик окумуштуулар Болькович менен Яблоков делфиндердин тилин үйрөнүүгө аракет кылды.

Дал ушул аталган илимпоздордун тажрыйбаларын пайдаланып, алардын айрым каталарын эске алып отуруп, Шүкрү-бей да өзүнүн делфини Пелорус-Жекти сүйлөгөнгө үйрөтүүгө жетишти. Анын делфинди окутуунун өзгөчөлүгү – ал өзү же болбосо анын аялы Лейла алмак-салмак Пелорус-Жек менен ачык деңизге чыгып, ал жакта бул укмуштуу айбанаттан ар кандай маалыматтарды алып, ага ар нерселерди үйрөтчү.

Мен Шүкрү-бейге дептерин кайтарып берип жатканымда, ал менден сурады:

– Бүт бардыгын окуп чыктыңбы?

– Оба, – дедим мен.

– Түшүнүктүү эле жазыптырмынбы?

– Кээ бир нерселерин түшүнө албай койдум.

– Эмнесин?

– Арасында кээ бир түшүнүксүз маалымат бар экен. Бирок мага тиешелүүсүн бүт эле түшүнгөнсүдүм.

– Кайсы маалымат? Инеболу, Чыгыш Анатолу жөнүндөбү?

– Оба, – дедим мен.

– А-а, анда аларды кийинчерээк өзүм түшүндүрүп берем, – деди Шүкрү-бей.

Мен каршы болгон жокмун. Чынын айтсам, ал кезде мени андай маалымат кызыктырган деле эмес, мен негизи илимий жагын түшүндүм, мага ошол деле жетет болчу.


    ...Эсиңдеби, Леша, сен менден бир жолу "Деңизди эмнеге мынчалык жакшы көрөсүң?" – деп сурагансың? Анда мен сага: "Анткени деңиз жалаң эле суу толгон аянт эмес, деңиз деген өзүнчө бир тирүү жан, анын суулары ар дайым ар башка түскө боелуп, толкундары ар түрдүү болуп өзгөрүлүп турат," – дегем.

Ошондогу жообум туура экендигин мен дагы бир жолу Түркияда жүрүп көрдүм.


    Бир күнү Пелорус-Жек бассейнге келгенде, Шүкрү-бей мага кайрылып:

– Бир аз деңизге чыгып келбейсиңби, – деди. – Антпесе ушул төрт бурчтун ичинде жүрө берип, бук болгон чыгарсың?

– Мен каякка бармак элем? – деп койдум мен.

– Билбейм, бирок сейилдеп келсең болмок, – деп ийнин куушуруп койду Шүкрү-бей.

Мен макул болдум. Чын эле бул жерге келгенимен бери эки ай өттү, ал эми мен болсо, ойлоп көрсөм, бир да жолу пундадан сыртка чыкпаптырмын.

Мен Пелорус-Жектин үстүнө минип алдым, экөөбүз бассейнден чыгып, Богаздын сууларын аралап сүздүк. Бул тараптагы жээктерди билбегенимен, мен делфиндин оюна баш ийүүгө аргасыз болдум: ал мени каякка алып барса, ошол жакка барам, башка айла жок. Менин коркконум эле – Пелорус-Жек суунун түбүнө көпкө чөмүбөсө экен. Кээде-кээде суунун үстүнө чыгып турбаса, тумчугуп кала тургамын. Бирок Пелорус-Жек мени тумчуктурбайт болушу керек, деп соороттум мен өзүмдү. Лейла деле дайыма сүзүп жүрбөйбү, анда мен эмнеге корком? Ошентсе да делфиндин үстүндө тез ылдамдыкта сүзүү кыйын экен: ириде менин көңүлүм айнып, башым бир аз тегеренгенсиди, сууну көп жутуп алганыман го, эч нерсе эмес, эптеп чыдайм.

Биз ачык деңизге чыктык. Пелорус-Жек суунун астына чөмүгөнүн токтотту, көрсө, ал булуңдан чыкканыбызча эле эл көрүп койбосун деп, бекинип келаткан турбайбы. Эми гана мен көп күндөрдөн кийин деңиздин нак өзүн көрүп жатам. Жыбыраган майда толкундар күндүн нурларына чагылышып, алтындай жаркылдап турду. Бетиме ным шамал согуп, эки тарабыман шаркыраган агым көбүрүп жатты. Бизди айланчыктап учкан ак чардактарга караганда, биз жээктен анча алыс кетпептирбиз.

Акырындап мен ылдамдыкка көнө баштадым: эгер булуңга чейин мен тумчугуп, зордон-зорго дем алып келатсам, азыр болсо демим кыстыкканын анчалык деле сезген жокмун. Биздин көк мейкиндикте сызып баратканыбызды, ойлоп көрсө, асманда учканга гана теңебесе, башка эч нерсе менен да салыштырып болбойт.

Бир убакта Пелорус-Жек чукул бурулуп, жээк тарапты карай сүздү. Алыста карайган жээкти көрүп, мен кубанып кеттим. Кантсе да адам үчүн жерден өткөн нерсе болбойт турбайбы! Шүкрү-бейдин пундасында, бүт асфальтталган, бетон же темир менен капталган жерде жүрө берип, аска-зоолорду көргөндө мен толкунданып да кетиптирмин.

Биз жээкке жакындап бардык: бул жакта лимандар да, мендиректер да жок экен. Майда толкундар гана ачык деңизде жайбаракат башталганы менен бул жерге жеткенче бири бири менен кошулуп отуруп, килейген агымга айланып жатты.

Мен делфиндин үстүнөн түшүп, кургак жерде басып жөнөдүм. Бирок анча алыстабай барып, мен бул жерди тааныбай турганымы эстей койдум.

– Биз каекке келдик? – деп сурадым мен делфинден.

– Инеболуга, – деп жооп берди Пелорус-Жек, дале сууда калкып, жээкке көп жакындабай.

– Мындан нары эмне бар?

– Билбейм, – деди делфин, дайыма жылмайган көздөрүн ого бетер жүлжүйтүп.

Ошондо гана мен Пелорус-Жек делфин экенин, ал канчалык акылдуу болсо да эч качан адамдар кылгандын баарын кыла албастыгын түшүндүм.

– Эми эмне кылабыз?

– Билбейм...

Бир маалда мага шайкелең бир ой келди.

– Пелорус-Жек, – дедим мен. – Мен бул жерде эч кимди тааныбайм, каякка бараарымы да билбейм. Андан көрө биз кайрадан деңизге чыгып, сен мени туугандарың менен тааныштырбайсыңбы. Мына сен болсо адамдардын тилин үйрөнүп алыптырсың, мен да силердин кантип жашаганыңарды, силердин үрп-адаттарыңы билгим келет. Сенин туугандарың бар чыгар, же сен бул деңизде жалгызсыңбы?

– Жок, жалгыз эмесмин, – деди Пелорус-Жек. – Менин тууганым бар, көп тууганым бар... Бирок буга чейин менден эч ким минтип сураган эмес, мен эмне кыларымы билбей турам.

– Сен мени алар менен тааныштыр, — деп шаштым кетти менин. – Мен сенин туугандарың менен таанышкым келет.

– Алар сенден чоочуп, качып кетсечи? Адамдар аларды кармаган, аларды өлтүргөн. Азыр менин туугандарым адамдардан коркот.

– Ал эми сен аларга түшүндүр да... Мен аларга эч зыян келтирбейм. Ишенбесең, мен сага ант берейин.

– Антпы? Бирок силердин антыңар убактылуу эле да... Силер өзүңөрдү кырып жаткандан кийин, анан бизди тынч коесуңарбы...

– Пелорус-Жек! Мен андай эмесмин, – деп жалынып жибердим мен. – Мени туугандарың менен тааныштырчы!

– Мейли, барып көрөлү, – делфин акыры макул болду. – Бирок сиз бул тууралу Шүкрү-бейге айтпаңыз, макулбу?

– Макул, макул, эч кимге айтпаймын! – мен сүйүнгөнүмөн кыйкырып жибердим.

Биз экөөбүз кайрадан ачык деңизге сүзүп жөнөдүк.


    ...Леша, сен азыр, мүмкүн, ичиңен күлүп коюп, менин айткандарымы жомок деп ойлоп жаткандырсың. Кандай десең, ошондой дегин, досум, бирок мен муну бүт өзүм көрдүм, өзүм уктум. Ал эми кийинки окуяларды уксаң, менин көзүм жетип турат, сен аларга эч качан ишенбейсиң. Мен деле ишенбейт болчумун, эгер өзүм аларга катышып, өзүм күбө болбосом...


    Асман көкмөк болуп мелтирегени мелтиреген. Бир да булут көрүнбөйт. Деңиздин үстүндө күндүн чагылышы гана калкыйт. Асердүү нерсе: уч-кыйыры көрүнбөгөн суу толо аалам ийилип, Жердин тегеректигин далилдеп көргөзгөнсүйт. Күндүн нурлары абага жайылып, толкундарды тешип өтүп барып, деңизди түбүнөн жарык кылып жаткан сыңары.

Биз улам алыстап, деңиздин тең ортосуна бараттык. Мени бир нерсе гана кабатырлантып турду: эгер делфиндер бөтөндү жактырбай, мени өздөрүнөн куусачы? Же болбосо менден үркүп, качып кетсечи? Бирок андай болбосо керек, деп соороттум мен өзүмү. Пелорус-Жек аларга бардыгын түшүндүрүп, менин эмнеге келгеними айтып берсе, балким, алар менден чоочуркабаса керек.

Пелорус-Жек тиштери менен кычыраткансып, ышкыра баштады. Туугандарын чакырды көрүнөт. Деңиздин үстүнө жайнаган делфиндер чыкты: алар бирде суунун үстүндө калкып, бирде чөмүп кетип жатып, тез ылдамдыкта Пелорус-Жектин чакырыгына чогулуп келди. Делфиндер мени көрүп чоочуган да, качкан да жок. Менимче, Пелорус-Жек аларды чакырып жатканда эле, өзү жалгыз эместигин кабарлап койду окшойт.

Делфиндер чогулду, отуз-кырктай бир түрдүү афалиндер, арасында чоңдору да, кичинеси да бар. Алардын ар бири Пелорус-Жектин жанына келип, ага ышкырып өттү: бул алардын саламдашуусу болсо керек, деп баамдадым мен. Анан делфиндер кезек-кезеги менен кээде ышкырып, кээде чурулдап, өздөрүнүн адамдарга али белгисиз тилинде кеп алмашуусун баштады. Алар эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн мен, албетте, түшүнө алган жокмун, бирок байкоомдо, Пелорус-Жектин туугандары мен тууралу сурап жаткандай өңдүү. Аламдардын тилин үйрөнүп алган биздин делфин тигилерге мен, менин бул жерге келген максатым жөнүндө баяндап жаткан сыяктуу, ал кээде ордунан так секирип:

– Эсен, гүзөл! Гүзөл, Эсен! – деп кыйкырып калат.

Туугандарынын суроолоруна жооп берип бүткөн соң, Пелорус-Жек алардан бөлүнүп сүзүп, нары жакта аны жалгыз күтүп турган делфиндин жанына барды. Анан алар жанаша сүзүп, үйүрдөн алыс кетти, мен деле Пелорус-Жектин үстүндөмүн. Эки делфин бири бирине тумшугун тийгизип, өбүшкөнсүп, кандайдыр бир сырдашып баратты. Тигил делфин Пелорус-Жектин сүйгөнү болсо керек: анын үнү назик угулуп, менин алдымдагы делфинди алыска, чексиз мухиттерге чакырып жаткансыды, нагенде ал шыбырап да жибергенсийт.

Бир аздан кийин алар көк мейкиндикти аралап сүзүп жөнөйт. Мен жөнүндө Пелорус-Жек унутуп койду көрүнөт, ал эч нерседен иши жок, каалаган убакта суунун астына кирип кетип жатты. Акырында алар оюнга өттү: бирде тез сүзүп, бирде тикесинен тура калат, анда мен алым жетишинче Пелорус-Жектин денесине тырышып жабыша калам. Бирок кантсе да алардын оюну бир укмуш эле! Мындай мээримдүүлүк, назиктикти адамдардын арасынан өтө сейрек учуратасың: алар улам бири биринен алыстап кетип, анан күүлөнүп алып, кайрадан биринчи жолу көрүшкөнсүп, бири бирин карай умтулуп, узакка созулган өбүшүүлөргө өтөт.

Алардын кубанычын, махабатын көрүп, менин да көңүлүм көтөрүлдү. Ачык асмандагы жаркыраган күндүн нурлары жайбаракат деңиздин үстүнө түшүп келгенсип, биз ал чубак менен көктү көздөй чыгып бараткансыдык. Абанын тазалыгынан бул дүйнө да таза, анда эч каралык жоктой сезилди. Биз түндөп кайтып келатканда, алдыбыздан чыккан ай сууда чагылып, бизге жол көрсөткөнсүп жайылып калды. Күүгүмдүн күңүртүндө алдыбызда төшөлгөн жалгыз тилке айдың жол экөөбүздү бакытка алып бараткансыды, мен өзүмү эң бактылуу сездим.

Бирок мындай бакыт узакка созулган жок: бир күнү биз демейдегидей эле деңизге чыкканыбызда, бет алдыбыздан жалгыз гана бир делфин тосуп келди. Бир нерсе болсо керек, ал ыйлагансып, кыңшылап, Пелорус-Жекке бирдемени кабарлады. Анан, ишенесиңби, Леша, ал кадимки эле адамдай боздоп жиберди. Ошол замат Пелорус-Жек чукул бурулуп, мени жээкке карай алып жөнөдү. Ал шашканынан, баамдашымда, саатына алтымыш-жетимиш чакырым жол басып, ылдам баратты окшойт, үстүндөгү мен зордон-зорго дем алып, тумчугуп же жонунан шыпырылып түшүп кетемби деп корктум.

Бет алдыбыздан Богаздын суулары көрүндү, бирок Пелорус-Жек ал жактагы кемелерге учурап же кайыкчылар көрүп коебу деп жалтанбастан, түз эле сызып жүрө берди. Солдо анатолу калаасы менен от мунарасы, оңдо Румели калаасы закымдын арасынан чыга калгансыды. Булуңдун дал оозуна барганда, алдыбыздан бир танкер, эки-үч кеме көрүндү. Андагы адамдар бизди байкай коюп, сөөмөйү менен бири бирине көрсөтүп, ар тилде кыйкыра баштады:

– A man-amphibia!* (*Адам-амфибия! (иңглисче))

– Regardez, l'homme-amphibie!* (*Карагылачы, адам-амфибия! (франсча))

Пелорус-Жек кемелерди буйтап өтүп, булуңдун ичине кирип барды. Түз сүзгөн бойдон ал баягыда мени жаңы алып келгендеги үңкүрдүн ичине багыт алды. Дарбаза ачык экен, делфин туура эле бассейнге өтүп кетти да, эки-үч айланып барып токтоду. Үстү жакта адамдар үйүлүп калыптыр.

– Эмне болду?

– Эмнеге мынчалык козголоң болду? – деп чуулдап жатты алар.

Мен үстү жакка чыгып бардым.

– Эмне болду? – деп сурады менден Шүкрү-бей.

– Билбейм, – дедим мен. – Биз Пелорус-Жек экөөбүз сүзүп жүргөнбүз, бир маалда бир делфин бизге шашып келип, чурулдап ыйлап жиберди. Анан Пелорус-Жек бул жакты көздөй атырылып жөнөдү.

– Жүргүлө, ал азыр бүт өзү айтып берет, – деп лабораториясына шашты Шүерү-бей.

Биз да анын артынан ээрчип бардык. Шүкрү-бей шаймандарын иштетти.

– Пелорус-Жек! – деди ал. – Эмне болду?

– Достор! – деп кыйкырды делфин. – Көк суу кара болду. Менин туугандарым жээкке секирип чыгып жатат.

– Коркпо, Пелорус-Жек, биз силерге жардам беребиз, – деди Шүкрү-бей, анан шаймандарын өчүрүп, бизге кайрылды. – Жолдоштор! Делфиндерге жардам көрсөтүшүбүз керек, алар өлүп жатыптыр...

– Эмне болуптур? Эмнеге өлүп жатат? – деп чуулдады лабораториядагылар.

– Көк суу кара болду дегени эмнеси? – деп сурадым мен.

– Бир танкер жарылса керек, мунай сууга төгүлүп кетиптир, – Шүкрү-бей мага түшүндүрүп берди. – Делфиндер суу булганса, жээкке секирип чыга баштайт. Алар үчүн сууда калуу дагы, жээкке секирип чыгуу дагы өлүмгө барабар!

– Ал эми биз аларга кандай жардам көрсөтө алабыз? – мен Шүкрү-бейди жалдырап карап калдым.

– Биз ПДКМга кайрылабыз, – деди тигил. – БУУ бизди колдойт го деген ойдомун.

– ПДКМ дегеииңер эмне?

– Пайналмилалдык деңиз кеңеш мекемеси, – деп түшүндүрдү Лейла. – БУУда ошондой мекеме бар...

– Мен азыр эле Анкарага учушум керек, – деди Шүкрү-бей. – Исмет, сен мени Ыстамбулга жеткирип коесуңбу? Машинең оңбу?

– Оң, – деди Исмет. – Качан жөнөйбүз?

– Азыр эле, – Шүкрү-бей ордунан тура калды. – Азыр эле жөнөшүбүз керек...


    Кара деңизде мунай ташыган танкер жарылып, деңиздин суусу көп аралыкта булганганын сен да уккандырсың, Леша? Бул окуя тууралу дүйнөнүн бардык гезиттери жазган. Ал эми мен болсо ошол окуянын күбөсү болдум.


     Шүкрү-бей үч күндөн кийин кайтып келди. Анын өңү суз, үңүрөйүп алыптыр. Ал бир да сөз айтпай, эки күн шылкыйып жүрдү. Биз да анын кабагы бүркөк экенин көрүп, ансыз деле туталанган жанды кыйнабай эле коелу деп, унчуккан жокпуз.

Акыры үчүнчү күнү ал өзү биринчи болуп кеп козгоду.

– Пелорус-Жек кана? – деп сурады ал.

– Баягыдан кийин көрүнбөйт, – деп жооп берди ага Исмаил.

– Анкарадагы иштериңиз эмне болду?

– Жакшы эле, – деди Шүкрү-бей, бул суроо көңүлүнө жакпагансып салкын. – Кабатырланбагыла, мен бүт ырастап келдим...

– Анда эмнеге өңүңүз суз? Дагы бир нерсе болдубу? – Исмаил чыдамсыздык менен сурап жиберди.

– Болду, – деди Шүкрү-бей, БУУдан текшерүү барганча, "Эй Жи Ойл Корпорейшн" төгүлгөн мунайды өрттөп жибериптир. Көрсө, танкер ошолордуку экен. Алар жүк ташуу чегин бузуп, танкерге ашыкча мунай кую алыптыр. Эми ошол кайдыгерлигин бекитиш үчүн төгүлгөн мунайды өрттөп жибериптир.

– Эми эмне болот?

– Билбейм. Эмне болсо да байкуш делфиндердин шору.

– Анда эмне, деңизди тазалоо мүмкүн эмеспи? – деп сурадым мен.

– Мүмкүн, бирок ириде өрттү өчүрүш керек, – деди мага Шүкрү-бей. – Андан кийин гана мунайды суудан бөлүп алышат. Бирок ага чейин деңиздеги көптөгөн жандар кырылат.

– Эгер өрттөнбөсө, анда сууну башкача тазалоого болмок беле?

– Болмок, – деди мага Исмаил. – Сууну мунайдан ажыратып алуучу атайын реактив бар, бирок ал азырынча кымбат турат. Ал эми монополиялар болсо өз пайдасын гана көздөшөт.

– Мен бардыгынан мурда Пелорус-Жектин бетин кантип карайм деп ойлонуп жатам, – Шүкрү-бей өзүнүн эмнеге капалыгын түшүндүрүп берди. – Анын туугандарынан да абдан көп кырылыптыр.

– Канча?

– Эки жүз сексен алты.

– Эки жүз сексен алты? Өтө эле көп го! – мен таңыркадым.

– Оба, бул өтө эле көп. Бирок эң коркунучтуусу: мындан нары дагы көп өлөт?

– Эмнеге?

– Анткени суу ууланды, суунун алдындагы өсүмдүктөр да ууланды, эми аларды жеген деңиз айбанаттары, балыктар дагы ууланат, – деди Шүкрү-бей. – Алардын арасында кээде түпөйүл оорусу менен да ооруйт. 1967-жылы Иңглистандын түштүк-батыш жээгинде да "Торрей кеньон" танкери аскага урунуп талкаланып, 60 000 тонна мунай деңиз суусунун үстүн каптаган. Ошондо болжолдоп гана эсептегенде, ал кырсыктын залалы 5 миллион кадак стерлингге айланган, ал эми "Эй Жинин" танкеринде 100 000 тонна мунай бараткан экен.

– Буларга каршы күрөшүүгө болбойбу?

– Болот, бирок анда бүт өзүмдүк монополияларды жоюу керек. Ага капиталисттер макул болбойт. Алар өзүмдүк пайда дегенде бүт дүйнөнү деле өрттөп жибергиси бар. Мейли, болгон иш болду, биз колубуздан келгенин кылдык.

– Ал эми делфиндерди ууланган очоктон чыгарсак эмне болоор экен? – деп сунуш эттим мен.

– Кантип?

– Аларды булуңга чакырсакчы? Кантсе да бул тарапта суу таза го...

– Аның да туура! – Шүкрү-бей сүйүнүп кетти.

– Бирок бул жерге алар батпайт да, – деди Исмаил, биздин кубанычыбызды бир аз басып. – Анын үстүнө алар кемелерге тоскоолдук кылат.

– Анда башка эмне кылабыз? – биз бардыгыбыз унчукпай калдык.

– Эч нерсе эмес, – деди Шүкрү-бей. – Биз бул жээктен жүрүүчү кемелерди эскертип коебуз. Башка айла жок, делфиндерди чакыруу керек.

Шүкрү-бей шаймандарын иштетти. Ал ар мүнүт сайын узакка созулган импулстарды берип жатты. Бул делфиндерге "чогулгула" деген белги болчу.

Бир сааттан кийин бассейнге биринчи делфиндер келе баштады. Анан алар улам келип отуруп, булуңдун ичин дагы толтурду. Кечке маал булуңдун айланасынын бүт делфиндерге жайнап кетти.


    ...Нечен жолу адамдар өздөрүн кожоюн сезип, табиятка зулумчулук кылды? Нечен жолу биз айбанаттарды өзүбүздүн кичи инилерибиз деп коюп, аларга залал келтирдик?


    Бир күнү биз Шүкрү-бей экөөбүз деңиздин боюнда отурганбыз. Толкундардын үстүнөн кайкып учкан ак чардактар канаттары менен сууну серпип кетип, жем издеп жүрдү.

– Суу бир аз тазаланып калды көрүнөт, делфиндер бир четинен кете баштады, – деди ушуга чейин унчукпай, ойлонуп калган Шүкрү-бей.

– Ошондой эле болсун, – дедим мен, кубанычымы билдирип жылмайып, тигинин мени менен сүйлөшкүсү келгенин, мага бир нерсени кабарлайын деп турганын байкап, ага кеп узатып. – Антпесе биз, адамдар, алардын мекенин тартып алгандай эле болуп калдык окшойт...

– Эсен, – деди Шүкрү-бей, мен ойлогондой эле мага бир олуттуу нерсени айта турган болуп, умтулуп. – Эсиңдеби, баягыда мен сага шарт туура келгенде, бир нерсе айтып берем дебедим беле?

– Оба, эсимде, – дедим мен. – Сиз мага күндөлүгүңүздөгү түшүнүксүз жерлерин таржымалап берем дегенсиз.

– Оба, дал ошол өзү. – Шүкрү-бей кичине оңдонуп отурду. – Мен сага көп нерселерди баяндап бермекчимин...

Ал бир аз унчукпай, ойлорун чогулткан сыңары отуруп, анан жай сүйлөп, бирөө угуп койбосун дегенсип шыбырап, өзү жөнүндө аңгемесин баштады:

– Ириде өзүмүн бала чагым жөнүндө. Менин атам Анатолулук карапайым балыкчы болчу. Алигиче эсимде, ал бизди багуу үчүн эртең менен таң азандан деңизге чыгып кетип, түнү бир убактарда кайра келчи. Биз төрт бир тууган элек: эки эркек, эки кыз. Биз жашаган жерде, Инеболуда, йалылар* көп болчу, алардын кожоюндары, бай адамдар, ал жерге эс алганы келчи. (*Йалы – жайлоо, жайында эс алуучу жай) Байлардын жашаганын көрүп, биз дайыма суктанып, алардын балдары сейилдегени чыкканда, артынан ээрчип алчыбыз. Бир күнү мен алардын арасынан аппак көйнөкчөн, көздөрү бакырайган, өзү дагы колундагы куурчагына окшош бир кызды көрүп калдым. Мен бекинип, ал балдарды ээрчип отуруп, кыздын кайсы үйгө киргенин байкап келдим. Ошондон баштап мен күнүгө тигил үйгө барып, кыз качан чыгат деп күтүп, анан ал чыкканда, каякка барса, ошол жакка кошо барып, анын көлөкөсү сыяктуу болуп калдым. Жылдар өтө берди, кыз кээде Инеболуда эс алып жүргөндө, мен анын сулуулугу күндөн-күнгө артып баратканын байкап, аны улам дагы көрүүгө кумарланып, аны менен бирге ойногум келди. Бир күнү мен адаттагыдай эле талдын артына бекинип алып, кызды аңдып карап турганымда, мени аркаман байкатпай келген үй кызматчысы кармап алды. "И-и, ууру, колго түштүңбү?" – деп, кулагыман толгоду ал. Мен чыңырып жибердим. "Мен ууру эмесмин, мен ууру эмесмин," – деп доолуландым. Чыңырыгыма үйдөгүлөрдүн бардыгы чуркап чыкты, алардын арасында тигил кыз да бар экен. "Эмне болду, Керим?" – деп сурады үйдүн ээси, анда үй кызматчысы мени анын алдына түртүп жиберип: "Бул уурулук кылганы жатыптыр, мен муну кармап алдым," – деди. "Жок, жалган! Мен ууру эмесмин, мен эчтекени уурдайын деген эмесмин!" – деп кыйкырып жибердим мен. "Анда сен эмне кылып жүрдүң бул жерде?— деп сурап калды үй кызматчысы. – Сен бул жерге эмнеге келдиң эле?" Мен эмне деп жооп берерими билбей, туруп калдым. "Көрдүңүзбү, бей-эфенди, бул эмне деп жооп берерин билбей жатат? Бул уурунун эле өзү!" – деп үй кызматчысы каткырып күлдү. Ошондо бай мени сүрдүү карап туруп: "Токмоктоп туруп, үйүн көздөй сал!" – деди. Керим мени ошол замат тигилердин көзүнчө уруп кирди. Менин чыңырып ыйлап жатканымды көрүп, кыз бир маалда: "И-и, ууру, чала сага! Чала!" – деди да, үйүн карай басып кетти. Ошондо гана мен таптык айырма деген эмне экенин өз жонумда сездим: байдын балдары да боорукерсиз болорун түшүндүм. Ошондон кийин мен ал үйгө эч жолобой турган болдум...

Шүкрү-бей аны бирөө кайрадан токмоктоп жаткансып, оор дем алып, бир аз унчукпай отурду. Анан ал кайрадан аңгемесин улантты:

– Дал ошол мезгилдерде биздин үйдө да кызык, түшүнүксүз бир нерселер боло баштады. Күндө түнкүсүн атам же өзү жоголуп кетет, же үйгө топураган элди ээрчитип келет: алар бирөөнөн жашынгансып кирип, таң атканча ар нерселерди сүйлөшүп, талашып-тартышып отуруп, анан кайра таң дык салган маалда бирден-бирден тарап кетип калат. Атам өзгөрүлүп кеткендей: ал кандайдыр бир ойчул, бирок көңүлү ачык, дилгир болуп калды. Биз анын мындай болгонуна кубандык, себеби мурун атам үңүрөйүп жүргөнүнлө, анын таасири менен биз да көңүлсүз жүрчүбүз.

Бир күнү биздин үйгө желдеттер келди. Алар үйдүн бүт аңтарып, атамы кармап кетти. Эмне болгонун түшүнбөй калган биз эсибиз ооп эле тура бердик, эч кимибиз ыйлаган жокпуз, апабыз дагы доолуланган жок, ал болгону гана шалдайып отура берди. Ошондон бери биз атабыздын каякта экенин, анын эмне болгонун билбей, тагдырга баш ийип, тим калдык. Агам Экрем эркектерден эң улуубуз болгондуктан, үй-бүлөөнү багуу ага жүктөлдү. Тигил дагы каршы болгон жок, дайыма шайыр агам ошондо да дилгирлигин жоготпой, биздин бардыгыбызды багып чоңойтту. Ойлоп көрчү, Эсен, атабыз өкмөттүн каарына калгандан кийин, биз кандай шартта элек? Бирок ага да карабастан, Экрем өзү аскердик окууну бүтүрүп, мени да университетке окутуп, эки карындашымы дагы турмушка чыгарды. Силерде кыз алуу-берүү кандай экенин билбейм, бирок бизде бул өтө татаал иш.

Айта кетиш керек, мен кичинекейимен эле деңизди жакшы көрчүмүн, ошондуктан чоңойгонумда дагы университеттин мухитти изилдөө факультетине кирдим. Ал жерден мен Лейла менен тааныштым, биз бири бирибизди сүйүп калдык. Эгер ошондо мен Лейланын ким экенин билгенимде, балким, тагдыр мени мынчалык кыйнабас беле? Бирок турмуштун жазмышы ушул экен, мен ага ашык болуп калдым. Кийинчерээк гана ал мага өзүнүн бала чагы жөнүндө,бир жолу аллардын үйүнө ууру бала кирип, аны үй кызматчысы токмоктогонун айтып бергенде, мен Лейланын баягы куурчак көтөргөн кыз экенин түшүндүм...

Шүкрү-бейдин деми кыстыгып, ал дем алалбай, тердеп кетти. Анан бир аз эс алгандан кийин ал кайрадан улантты:

– Мен университетти бүткөндөн кийин Имроз аралындагы илимий-изилдөө пундасында иштеп жүрдүм, – толкундангандыктан анын үнү кирилдей баштады. – Мени келечекте көптөн үмүттөндүргөн илимпоз деп, илимий чөйрөдө жогору баалашчы, бирок дал ошол убакта мен күтпөгөн бир окуя болуп кетти. 1968-жылдын 6-жаныбарында Анкарадагы политехникалык институттун студенттери ректор менен жолугушууга келген америкалык элчинин машинесин өрттөп жибериптир. Аны менен алар АКШнын 6-флоту Ыстамбулга келгенине каршылыгын билдирген экен. Бир күнү түндөп мага Айн-Пенин* кишилери келип, мени машинеге салып кетти да, алып барып, камап салды. (*Айн-Пе – аскер полициясы) Эртеси күнү укканыма караганда, машинени өрттөгөндөрдүн арасында мени менен бирге окугандар да бар экен.

Билесиңби, Эсен, мен эч качан саясатка кийлигишпейм, мен жөнөкөй эле илимпоз болуп, карапайым жашагым келет. Ал эми Айн-Педе мени досторуңун аттарын айткын деп, кыйнап суракка алды. Мен аларга эч кимди атаган жокмун, бирок өзүмчө дайыма сезип жүрчүмүн, эгер минтип кыйнай берсе, мен акыры бир күнү бардыгын айтып берип коем. Ошондо...

Шүкрү-бей унчукпай калды. Мен да ага эч нерсе деген жокмун, бирок ичимен сезип турдум: мындан наркы анын айтып бере турганы өтө эле оор окуя болсо керек. Шүкрү-бей таштарды аттап барып, бетин бир сыйра сууга жууп келди.

– Ошондо мага Лейланы ээрчитип келишти, – ал биротоло энтигип алыптыр. – Ал мени саясаттан баш тарт, досторуңун аттарын айтып бер деди. Мен дале эч кимдин атын айткан жокмун. Анда Лейла жалынып, биз экөөбүз үйлөнөбүз, атам сага өзүңө изилдөө пундасын куруп берет, биз бактылуу болобуз деп айлап кирди. Мен чыдабай кеттим, бардыгын айтып бердим. Жакын аранын ичинде мени кое беришти. Биз Лейла экөөбүз үйлөндүк. Бул окуямы унуттуруу үчүн кайнатам экөөбүздү Жаарупага саякатка жөнөттү. Ал жактан кайтып келгенибизде, кайнатам мага там сатып берди, азыркы мен иштеп жүргөн пунданы да курдурду. Дал ошол мезгилде мен Пелорус-Жек менен коштошкону баргам.

Ошентип мен кайнатам менен Лейлага алардын мага каршы таптан экенине карабастан сатылгам...

Шүкрү-бей өз баянын ушинтип бүтүрдү.

– Бирок сиз баягыда пунданы үнөмдөлгөн акчага кургам дебедиңиз беле?

– Каяктан? Кайсы үнөмдөлгөн акчага? Мен анда сага жалган айткам. Миң үнөмдөсөм да мындай пунданы мен эч качан кура алмак эмесмин.

– Анда сиз бул пунданы өзүңүздүн абийириңизди сатып алган турбайсызбы?

– Антип айтыш оңой, – Шүкрү-бей кызарып кетти. – Мына, сен да мени күнөөлөп жатасың, ал эми мен болсо сени бул арманымы түшүнөбү деп ойлогом. Көрсө, мен жаңылыптырмын...

– Бирок чыккынчылык бардык адамдар үчүн эле чыккынчылык да!

– Эмнеси чыккынчылык? Менин жөн эле саясатка кийлигишким келген эмес. Анан дагы машинени мен өрттөгөн эмесмин. Мага баары бир, ким бийликте турат, ким аларга каршы... Менин өзүмүн гана илимимди билгим келет.

– Ал эми акыйкатчы? Сизге бирөөлөр зулумчулук кылып, экинчилер алардан азап тартса деле баары бирби? Сиздин атаңызды камап жиберсе деле баары бирби?

– Мен айтпадымбы, менин эч кандай саясатка кийлигишким келбейт.

– Кеп саясатта эле эмес, андан тышкары дагы акыйкат, адилет дегендер бар...

– Болуптур эми, болду, мен сени түшүнөбү деп айтсам, сен кайра мени күнөөлөп жатасың, – Шүкрү-бей ордунан тура калды. – Кеттик... кеттик үйгө!..

Мен Шүкрү-бейдин айткандарына таң калдым: ушул ак көңүл, боорукер адам досторун сатып, чыккынчылык кылганына, атасын камап, өзүн ызаага калтырып токмоктошкон жогорку каптагыларга кызматка өткөнүнө ишене албай койдум.

Чын эле, адамдардын тагдырын билип болбойт экен. Ушуга чейин илимий каармандыгына суктанып, өзүмө эң жакын адам деп ойлоп жүргөн Шүкрү-бейдин мындай болуп чыгаарын мен эч качан ойлогон эмесмин. Же өз досторун сатып, кесипке ээ болуу жарай береби? Турмуштун ысык-суугунан өзүн коргоп, саясатты эске албай, чыккынчылык кылып, адам илимди гана көздөсө жарай береби? Же өз атасынын душмандарына уулу кызматка өтсө деле боло береби?

Ошентип Шүкрү-бей мен үчүн чыккынчы болуп калды. Мурун эч кимге зыяны жок. жалаң гана илимге берилген адам деп жүргөн бул киши эми мени жийиркендире баштады. Көрсө, ал дагы жалпы эле капитализмге тиешелүү коомдук, саясий, экономикалык шарттарга чаташып, турмуш айлампасына моюн берген турбайбы! Анысы нары турсун, ал ошол шарттардын таасири менен адамгерчилик, акыйкат, адилет дегендерди унутуп, алардын бардыгын өз кызыкчылыгына алмаштырган экен. Досторун саткан, атасынын жаркын элесин унуткан адамдын жанында мен мындан нары жашай албай, андан мени кандай гана болбосун өз мекениме жөнөтүүнү талап кылдым.

– Түшүнөм... Түшүнөм, – Шүкрү-бей мага болгону гана ушуну айтты, анан ошол эле күнү кечиктирбестен Анкарага жөнөдү.

Мен анын кайтышын чыдамсыздык менен күтүп жүрдүм. Шүкрү-бей үч күндөн кийин гана кайтып келди, бирок менин "Эмне болду?" деген суроомо ал:

– Жүр мени менен, – деди.

– Каякка? Мен эч жакка барбайм, мени тезирээк үйүмө жөнөтүңүз, – дедим мен.

– Иш бар, – деди анда Шүкрү-бей. – Жүр, бир аз сейилдеп келели...

Ал мени пундадан алып чыкты. Биз Исметтин машинесине түшүп алып, Ыстамбулду аралап жөнөдүк. Айланабызда кабат тамдар, бийик мунаралар. Биз гүзөрлөрдөн улам төмөндөп отуруп, акырында булуңга чыктык. Эми шаардын рабаттары башталды: үйлөр суунун астынан чыга калгансып, биздин бет маңдайдан көрүнүп жатты. Мына, биз килейген көпүрөнү жандап өттүк, андан нары Долма-бахченин сарайы, андан нары Бейлер-бейдин сарайы...

Ансыз деле таар Богаз булуңунда кемелер, танкерлер толуп кетиптир. Акырында биз Мармар деңизине чыктык. Көгүш тарткан суу күндө чагылышып, деңиздин үстүн чын эле ак ташка окшоштурду.

Шүкрү-бей машинени суунун жээгине барып токтотту. Биз машинеден чыгып, жээктин боюна, көк чөптүн үстүнө отурдук.

– Кечирип кой мени, Эсен, – деди Шүкрү-бей, бир аз жай алгандан кийин. – Мен сага иштин жайын пундада айталган жокмун, анткени абал азыр башкача болуп калды.

– Эмне болду? Кайсы абал?

– Мен Анкарага бардым, ал жерде сени өз мекениңе жөнөтүү жөнүндө сүйлөшүп келдим. Азыр сен эмне деп чечсең өз ыктыярың, бирок менин сага бир суранычым бар...

– Айтыңыз, мен ойлонуп көрөйүн.

– Анкарадан мен бир жаман кабар угуп келдим. Жок, жок... коркпой эле кой, анын сага тиешеси деле жок, ал кабар мен үчүн жаман. Бирок мен сени мага кыйынчылык келгенде таштап кетпейт го дейм...

– Айтыңыз, айта бериңиз, менин сизге кандай жардамым керек?

– Анкарадан мен жалаң эле сенин ишиң тууралу жүгүргөн жокмун. Ушунча болгондон кийин биротоло агам Экремди да көрө кетейин деп кайрылдым, себеби менин мурунку барышымда агамын оор абалы жөнүндө угуп келгем: анда аны камакка алышыптыр болчу. Ал алтымыш сегиз аскердик офицерге кошулуп, өкмөттүн саясатына каршы жарыя менен чыгыптыр.

– Кандайча болуп офицерлер өкмөткө каршы чыкты экен? Аскердик адамдар чоңдорунун буйругу менен гана жүрчү эле го?

– Биздин аскер илгертен бери Ататүрктүн республикалык ой-санааларында тарбияланган, – деди Шүкрү-бей.

– И, анан... Анан эмне болду?

– Анан эмне... Офицерлердин бардыгын түндөп Айн-Пеге алып кетиптир. Мунун бардыгын мен мурунку барганымда эле угуп келгем, ал эми бул жолку барышымда агамы Мармар аралына алып кеткенин билип келдим, – Шүкрү-бей сөөмөйү менен түштүктү көрсөттү. – Тээ тиги тарапта Мармар аралы бар. Ал аралга алып кеткендерди мармар таш ташытып иштетет. Ал жерден чанда гана адамдар кайтып келет. Эми түшүндүңбү?

– Чала-була түшүнгөнсүдүм.

– Биздин аскердик офицерлер Ататүрктүн* алдыңкы көз караштарында тарбияланышкан, ошондуктан азыркы өкмөт башчылары алардан кутулуунун амалын таппай жүрөт. (*Ататүрк – чын аты Мустафа Кемал, Түркия президенттеринин бири) Ал эми бул алтымыш тогуз офицер болсо өздөрү алардын колуна түшүп берди, эми аларды тигилер жок кылууга аракеттенет. Ошондуктан офицерлерди Мармар аралына жөнөттү, түшүндүңбү?

– Түшүндүм, – дедим мен. – Демек, эми аларды жок кылат экен да, а?

– Оба, – деди Шүкрү-бей. – Мармар таш ташуу өтө оор иш, ал жерде кырсык дагы көп болот. Ошондуктан мен Экремди кутултуп алышым керек.

– Бирок кантип?

– Ошондуктан мен сени ушул жерге чакырып келбедимби... Мунун баарын пундада айтпаганымын себеби, мен өзүмүн адамдарыма анча ишене бербейм. Баягыда сага айтып берген окуядан кийин мен Лейлага да муну билдирбешим керек. Ал эми бул иш жалгыз менин колуман келбейт, ошондуктан мен сага кайрылып жатам.

– Бирок менин колуман деле эмне келет?

– Сен мага жардам беришиң керек, – деди Шүкрү-бей. – Азыр менин таяна турганыман сен эле калдың.

– Лейланы го мейли, бирок эмнеге сиз Исмаил, Исметтерге ишенбей, анан сизден иренжиген мага ишенесиз?

– Анткени сен эртеңки күнү өз мекениңе кетип каласың, ал эми тигилер бирөө-жарымга айтып коет.

– Ошондо деле... экөөбүздүн тең күчүбүз жетпейт да...

– Мен Пелорус-Жекти дагы пайдаланганы турам. Делфин тууралу Экрем билет, мен болсо мындан нары Пелорус-Жекти жалаң туткунду бошотууга үйрөтөм.

– Сиз өзүңүз делфиндерди адамдардын майда-чуйда муктаждыгына пайдалануу керек эмес дебедиңиз беле?

Шүкрү-бей эмне дээрин билбей, мукактанып калды. Ал тердеп, толкундангандыктан ансыз деле ала тарткан өңү биротоло кызарып кетти.

– Мейли. Мен эмне кылышым керек? – мен аны мындай оңтойсуздуктан чыгарууга аракет кылдым.

– Делфинди менин агамын сүйүктүү ырларына үйрөтүш керек, – деп сүйүнүп кетти Шүкрү-бей. – Анан дагы аны менен Мармар деңизинде бирин-экин сүзүп чыгыш керек. Антпесе эки деңиздин суусу эки башка. мармардагы суу муздагыраак келет.

– Азыр суук түшүп калды да, мен кантип сүзөм?

– Туура, – деди Шүкрү-бей, мени укпай коет деп коркконсуп, тез сүйлөп. – Ошондуктан мен сенден суранып жатам да жазга чейин кетпей тур деп...

Мен ошол замат үйүмү эстей коюп, дагы беш-алты ай күтө турганымы ойлоп, ичимен каршы болуп, эмне деп жооп берерими билбей туталандым. Шүкрү-бей анымы байкай койду көрүнөт, кайрадан жалынып кирди.

– Түшүнчү, мен сенден башка эч кимге ишене албайм, ал эми мага жардамчы баары-бир керек, сөзсүз керек.

Мен бул адамдын мага жакшылык кылгандарын, ачык маанай мамилесин эске алып, макул болгонуму билдирип, башымы ийкедим.

– Сен чыныгы досумсуң, – Шүкрү-бей мени кучактады. – Мен бул жакшылыгыңды эч качан унутпайм, досум...

– Мен сиздин досуңуз эмесмин, – дедим мен, бир аз мурчуя түшүп. – Мен чыккынчыларга дос боло албайм.

Шүкрү-бей кубарып кетти. Ал мага таарынып, ызаа болду да:

– Мен сага ишенип бүт айтып берсем, көрсө, сен да мени жек көрөт турбайсыңбы, – деп алып, машинени көздөй жөнөдү.

Мен анын артынан ээрчидим. Биз машинеге түшүп алып, кайрадан Ыстамбулду карай жол тарттык. Шүкрү-бей унчукпай, мурчуюп келатты.

– Угуңузчу, Шүкрү-бей, – деп үн каттым мен, дагы таарынтып албайын деп, секин сүйлөп. – Мени да түшүнүшүңүз керек, сиздин жанагындай чыккынчылыгыңыздан кийин мен кантип сизге дос боло алам?

– Андай болсо үйүңө жөнөй бер, – деп күңк этти ал.

– Жок, мен жазга чейин күтөм, – дедим мен. – Сиз Пелорус-Жекти кандайча пайдаланмаксыз?

– Пелорус-Жек аралга сүзүп барса, анан ал жерде иштеп жаткан бандилерге Экремдин сүйүктүү ырын ырдап берсе, агам ал делфин мени досум экенин дароо түшүнөт, – бир аз жандана түштү. – Анан ал делфиндин аркасына учкашып алып, мага качып келсе, мен бул жерден аны чем мамлекетке жөнөтүп жибермекмин.

– Абдан жакшы ой турбайбы! – мен аны менен ушундайча элдешүүнү чечтим. – Мага бул ой абдан жагат! Мен макулмун...

Шүкрү-бей мага ишенбегенсип, аңырайып карап алды да, анан менин чын атып жатканымы көрүп, бир аз тынчып калды. Эми анын бетинен жанагы жапаа кетип, ал машинени жайдары айдап жөнөдү.

Биз бир сарайдын жанынан өтүп бараттык.

– Мен сага бир паска гид болуп берейин, – деп жылмайымыш этти Шүкрү-бей. – Мына бул ибадаткана Ая-Софи деп аталат. Муну беш кылымдын ичинде, 532-жылдан 537-жылга чейин он миң кул куруп бүткөн. Ибадаткананы бүтөөрү менен анын меймарынын* көздөрүн чукуп салышкан. (*Меймар — архитектор)

– Эмнеге?

– Мындай сарайды башка эч кимге куруп бербесин деп.

– Мен Индустандагы Таж-Махалдын мемары тууралу да ушинтип уккам, – дедим мен.

– Мүмкүн. Ал убактарда падышалардын бардыгы ушундай кылчы, – деди Шүкрү-бей. – Ал эми бул мунараны Кызкулеси деп коюшат.

Биз Ыстамбулга кире бериштеги Богаз булуңуна жакындап барып калдык.

– Бул мунаранын да өз тарыхы бар, — Шүкрү-бей өз аңгемесин улантты. – Орто кылымдарда бир султан жашаптыр, анын сулуу кызы бар экен. Богаздын наркы өйүзүндөгү бир жигит ал кызды көрүп, ошол бойдон ага ашык болуп калат. Кыз дагы ага ашык экен. Экөө жолугушуу үчүн ушул мунараны пайдаланмак болуп, кыз күндө түнкүсүн анын чокусуна от жагып турат имиш... Жигити караңгыда сууда адашып, жол таба албай калбасын деп. Бир күнү катуу бороон болуп, мунарадагы от өчүп калат. Жигит түнү менен жол таппай, толкундар менен күрөшүп отуруп, акырында алсырап, сууга чөгүп кетет. Кыз түнү менен аны күтүп отуруп, эртең менен толкундар сүйгөнүнүн өлүгүн жээкке чыгарып койгонун көрүп, мунарадан боюн таштап өлөт. Ошондон бери бул мунараны Кызкулеси – Кыз мунарасы деп атап калышкан.

– Ооба, мен бул окуяны китептен окугам, – дедим мен ойлонуп, унчукпай калган Шүкрү-бейге. – Бизде Куприн деген жазуучу болгон, анын ушул окуянын негизинде жазган дастаны бар. бирок ал дастанда кызды бир койчу азгырып кетет.

– Балким, балким, — деди Шүкрү-бей. – Жазуучулар өздөрүнүн көз карашына жараша жазат да...

Биздин көз алдыбыздан дагы көптөгөн мунаралар, сарайлар, ибадатканалар өтүп жатты. Шүкрү-бей алардын бардыгынын тарыхын айтып берип отурду.


    ...Сен мени чыккынчыга жардам берүүгө макул болдуң деп, жаман көрүп жаткандырсың, Леша? Бирок менде айла канча, досум? Ал жамандык кылган деп эле, ага карабай койсом, анда менин ага караганда эмнем артык? Итке окшоп үрсөң, өзүң да ит болосуң деген сөз бар го, мен ага караганда асылзат болоюн дедим. Анын үстүнө, ал бул жолу өзүн жакшы иш үчүн жумшап жатпадыбы. Акыйкат үчүн күрөшкөн агасын кутултуп алуу парыз иш эмей эмне? Сен мени менен макул болосуң го деген ойдомун, Леша.


    Биз Шүкрү-бей экөөбүз убакытты көп коротпой, үйдөгү башка адамдардан каймана Экрем-бейди бошотуунун камын көрүп жүрдүк. Мен үчүн алигиче табышмак: Шүкрү-бей чын эле өз ою жөнүндө аялы Лейлага айткан жокпу? Андай болсо эмнеге ал мага ишенип, мени менен сыр бөлүштү? Мен деле аны дос катары койбой, аны чанганымы ачык эле айтып да, көрсөтүпда жүрбөдүмбү? Менимче, ал мени башка өлкөлүк, бул бөтөн мамлекетте анын достору жок, ошондуктан сырыбызды эч кимге билдирбейт деп ойлоп, мага ишенсе керек.

Биздин Экрем-бейди бошотуу "программабызга" көп нерселер кирчи: биринчисинен, делфинди тигинин сүйүктүү ырына үйрөтүш керек эле, анан дагы Мармар аралынын туткундарынын кийимин таап, аны Пелорус-Жекке эстетип калуубуз зарыл болчу. Кышкы иштерибиз ушуну менен чектелди.

Айта кетишим керек, Пелорус-Жек да бул иштин жоопкерчилигин сезип калдыбы, ал өзүнө коюлган мелдеттерди так аткарып жатты. Шүкрү-бейдин ою боюнча, делфинди Экрем-бейдин сүйүктүү ырына үйрөтүү керек эле: бир күнү мен анын Пелорус-Жектин алдында ырдап жатканын көрдүм.

  Йолдашлар зынданда,
      Таш дувар дөрт йанда.
      Бизимле сафларда дегиллер,
      Гелди кызыл гүн, хазыр олсун мавзер.
      Гайен ичин кош кавгайа пролетер, 
      Гайен ичин кош кавгайа пролетер*, -

  (*Жолдоштор зинданда,
      Таш дубал төрт жанда.
      Бирок жаныбызда жоксуңар.
      Келди кызыл күн, болсун азыр маузер,
      Боштондук үчүн кошулгун пролетариат. (түркчө) -

деп Шүкрү-бей салгылашууга даярданган өңдүү ырды үйрөтүп жатыптыр. Кудай жалгап, ал күнү Лейла Инеболуга кетип калган, болбосо ал эринин минтип ырдап жатканын көрсө, абдан таңгалмак. Ким билет, мүмкүн, бир нерседен шекшинип да калмак беле. Бирок, кудайга шүгүр, ал ошол күнү бизден алыс болчу.

Мени көрө коюп, Шүкрү-бей бир аз өзүн оңтойсуз сезди көрүнөт, ал актангансып мага Пелорус-Жектин жөндөмдүүлүгүн далилдегиси келди.

– Угуп турчу, Эсен. Пелорус-Жек ырды үйрөнөйүн деп калды, – анын кубанычы өңүндө даплаана көрүнүп турду. Анан ал делфинге кайралды:

– Пелорус-Жек, ырдап койчу...

Делфин чын эле ырдап берди:

  Йолдашлар зынданда,
  Таш дувар дөрт йанда.
  Бизимле сафларда дегиллер...

Болгону гана ал обонун анча келтире албайт экен.

– Эч нерсе эмес, — деди Шүкрү-бей. – Бара-бара секинден үйрөнүп кетет... Али убакыт көп...

Биз жазды чыдамсыздык менен күттүк. Өзүң билесиң го, Леша, убакыт өтсүн дегениңде, ал өчөшкөнсүп, кайра ордунда туруп алат. Биз делфинди Экрем-бейдин ырына үйрөтүп, анын сүрөтүн ага күнүгө көрсөтүп, банди менен тааныштырып, жылуу мезгилдерди күтүү менен убакыт өткөрүп калдык.

Күндөп-түндөп агасын кутултууну ойлой берип, Шүкрү-бей жүдөп, арыктап да кетти. Бир жолу мен аны сооротмок болуп, капилеттик менен:

– Көп ойлоно бербеңиз, бардыгы өз жайында болот, – деп койдум.

Бул сөздөрүм эмнегедир анын жинин келтирди.

– Кабатыр болбо дейсиңби? Кантип кабатыр болбоюн? – деди ал, кыжыры менен мага корс сүйлөп. – Сен өзүңүн агаң тууралу күйбөйт белең? Албетте, Экремге сенин күйүп керегиң жок, анткени ал сенин агаң эмес да!

– Коюңуз эми, мынча таарынбаңыз, – деп кетенчиктей баштадым мен. – Мен жөн эле сизди сооротоюн дебедимби...

– Кечирип кой, — деди Шүкрү-бей. – Мен кыжалат болуп, дайыма сага катуу тийип коем. Бирок сен да мени түшүнүшүң керек. Экрем менин жалгыз таянычым. Мына сен да жакында кетесиң, анан мен өзүм жалгыз кала берем. Мен ишенгендерден Пелорус-Жек менен эле агам экөө калат. Калгандарына мен эч кимине ишене албайм, мен бул жерде жалгызмын...

Мен унчукпай карап, Шүкрү-бейдин көздөрү жашка толуп кеткенин көрдүм. Өзүн ушунча жалгыз сезген адамды мен биринчи жолу көрүшүм эле, ошондуктан ага боорум ачып, аны сооротууга аракеттендим.

– Шүкрү-бей, мындан нары мен сиз эмне айтсаңыз, ошону аткарып турам.

– Рахмат, Эсен, мен сенин бул жакшылыгыңы эч качан унутпайм. Ал эми катуу айткан сөздөрүмү кечирүүгө аракет кыл, колуңан келсе, кечирип кой...

Биздин мамилебиз бара-бара мурунку калыбына келе баштады: мен да аны кечирип, ал да мага андан бери катуу сөз сүйлөгөн жок.

Кыш өтүп, жаз келди. Күн бир аз жылый түшкөндө, мен делфин менен деңизде сүзө баштадым. Биз Пелорус-Жек экөөбүз Инеболуга чейин барып келип, кээде бирин-серин Мармар деңизинде да азырак киринип келчибиз. Мунун да өз максаты бар эле: эки деңиздин ортосун Богаз булуңу гана бөлгөндүгү менен Кара деңиздин суусу жылмыгыраак, жумшак, ал эми Мармардын суусу болсо, кайра тескерисинче, муздак, анда сүзүү да оорураак болчу.

Биз Бандырма булуңунун жээгине чейин барып, бирок суудан чыкпай, кайрадан артка сүзүп кетип жаттык. Пелорус-Жек Мармар деңизинин сууларына, жер-суу түзүлүшүнө секинден көнө баштады. Менимче, ал да ошол маалда өтө элпек болуп калды, себеби биздин "Экремди бошотуу программабыз" абдан олуттуу экенин сезген көрүнөт. Анын үстүнө, биздин сүрүбүздөн деле алдыда кандай чоң максаттар бар экени билинип турса керек деп ойлойм, балким, ошондуктан пундадагылар бизди кээде шекшип карап калып, айран болчу. Албетте, алар эч нерсени сезген жок, алар биздин делфинге ыр үйрөтүп жатканыбызды чала-була билчи, мурдагыдай Кара деңизде эмес, эми Мармарда сүзүп калганыбызды дагы аздыр-көптүр байкап жүрдү, бирок булардын бардыгы эмнеге экенин алар эч түшүнгөн жок.

Акыры биздин күткөн күн да келди. Деңизге чыгаардан бир күн мурда Шүкрү-бей пундадагылардын бардыгын инеболуга бир ишти шылтоолоп жөнөтүп жиберди. эми биз алдыбызда турган ишибизди шашпай ойлонууга мүмкүнчүлүк алдык.

– Агам бир жылдын ичинде кыйналып, алсырап калган болушу керек, – деди Шүкрү-бей. – Ошондуктан анын коопсуздугу үчүн биз яхта менен аралдын айланасында күтүп турушубуз зарыл. Менимче, биздин Бандырмада күтүп турганыбыз оң го дейм. Пелорус-Жек Экремди учкаштырып алып, бизге сүзүп келет, анан биз агамды кайыгыбызга чыгарып алабыз...


    ...Леша! Мен Шүкрү-бейди эми гана толугу менен түшүндүм. Көрсө, иш алысынан гана оңой сезилген турбайбы, ал эми чынына келгенде, мен да толкундана баштадым. Кандай болот? Бардыгы оңунан чыгабы? биз бардыгын туура эсептедикпи? Мына, ушунун баарын ойлой берип, мен өзүм да корко баштадым. Бирок айла жок, эгер биз Экрем-бейди кутултпасак, бизден башка ага эч ким жардам бере албайт.


    Эртеси биз яхтага түшүп алып, ачык деңизге чыктык. Богаз булуңунан өтүп, Мармар деңизине киргенден баштап, биз өтө этияттык менен сүзүп жүрүп отурдук. Имралы аралына чейин делфин биз менен чогуу сүзүп келди, анан биз Бандырма булуңун көздөй бурулуп, тигил болсо аралды издеп жөнөдү. Азырынча бардыгы биз ойлогондой эле жүрүп жатты: жолубуздан бир да кеме жолуккан жок. Бандырманын жээгинде да балыкчылардын кайыктары көрүнбөйт. Биз жээкке өтө жакындабай барып токтодук.

Пелорус-Жек келгенче, Шүкрү-бей яхтанын шаймандарын бир сыйра текшере баштады, мен да ага жардам бердим. Толкунданганыбыздан биз улам саатты карап коебуз. Айланабыз жымжырт, деңиздин тынч, мээлүүн шамалы гана кээде бетибизден сыйпап өтөт.

Акырында Шүкрү-бей саатын дагы бир жолу карап алды да:

– Эми даяр турушубуз керек, – деди. – Алар келер маал болуп калды. Яхтаны от алдырып тур...

Мен яхтаны от алдырдым. Биз көгөрүп мелтиреген деңиздин кырын карап калдык. Көп убакыт өтпөй алыстан тез ылдамдыкта келе жаткан делфин көрүндү: биз чымыркана түштүк. Делфин улам жакындап келе берди, Шүкрү-бей дүрбү салды.

– Алып келатат! Алып келатат! – деп сүйүнүп кетти ал. – Эсен! Тезирээк аларды көздөй айда!

Мен яхтаны Пелорус-Жек менен Экрем-бейди карай айдадым. Бир маалда Шүкрү-бей дале көздөрүн дүрбүдөн албай туруп, кыйкырып жиберди:

– Экрем бизге кол булгап жатат, дагы эмне болуп кетти экен? Каргыш тийгирдики, алардын артынан катер менен кууп келатышат! Айда, Эсен, алың жетишинче тез айда!

Бирок тез айдоого мүмкүн эмес болчу, мен ансыз деле яхтадан болушунча ылдамдыкты басып жаткам. Андан нары биз күтбөгөн нерсе болду: делфин менен адам бизге жакындай бергенде, кууп жетип келип калган патруль катер аларды ортосунан тороп сүзүп, бизден бөлүп алды да, пулеметтон атып жиберди. Пелорус-Жектин үстүндөгү Экрем-бей бети менен делфиндин жонуна кадалып барып, анан секинден шыпырылып отуруп, сууга түшүп кетти.

– Экрем! Экрем! – Шүкрү-бей чыңырып жиберди, бирок тигил суунун үстүндө көрүнбөй чөгүп жоголду.

Катер дагы бир имерилип, пулеметун бизди көздөй каратып туруп калды.

– Айда! Айдай бер, Эсен! – деп доолуланды Шүкрү-бей. – Түз эле катерге айда, тепселет аны!

Бирок мен яхтаны чукул буруп, башка тарапты карай айдап жөнөдүм. Билбейм, балким, катердеги адамдарды тепселеткенге колум барбадыбы же мен корктумбу, бирок яхтаны бурган бойдон качып бердим. Шүкрү-бей яхтанын үстүнө көмкөрөсүнөн кулап түшүп, боздоп калды.

– Экрем... Бир боорум Экрем! – деп жаңгап ыйлады ал, улам муштуму менен жыгачты койгулап.

Мен яхтаны түз эле Богазды көздөй айдап бараттым. Пелорус-Жек да бизди жандап сүзүп келе берди. Артыбыздан кууп келеби деп, аркамы карасам, эч ким көрүнбөйт. Мүмкүн, тигилер дагы чоң яхтага жакындагандан корктубу, бирок катер башка ээрчиген жок. Шүкрү-бей дале палубада ыйлап жатты.

Биз үңүрөйгөн бойдон Богаз булуңуна жетип бардык. Ансыз деле тар булуңга ошол күнү кемелер толуп кетиптир, мен аларды буйтап айдадым. Бир маалда менин оюм кылт эте түштү. Эгер патрулдагылар бизди кармагыла деп, жээкке кабар берип койгон болсочу? Мен чоочуп кеттим. Ал эми артка кетүүгө мүмкүнчүлүк жок. Болор иш болду деп, мен яхтаны кемелердин арасынан буйтатып жыла бердим: бардыгы тынч, бизди курчаган эч ким көрүнбөйт. Балким, бурулушта күтүп турбасын деген ой келди. Бирок бурулушта деле эч караан көрүнбөйт.

Булуңдан өтүп, мен яхтаны батышка кайрыдым. Жүрөгүм бир аз тынчып, жай ала түшкөнсүдүм. Каптал жагымы карасам, Пелорус-Жек дагы эле сүзүп келатыптыр. Шүкрү-бей дале палубада жатты.

Алдыдагы көрүнгөн, мага белгилүү аска-зоолорго жакындаганыбызда, мен жеңил үшкүрдүм, таштардан этяттап айдап, яхтаны түз эле темир тордуу дарбазанын түбүнө такай алып бардым. Пелорус-Жек өзүнө гана таанымал ышкырыгы менен белги берди, бирок, тилекке каршы, дарбаза ачылган жок. Ошондо гана мен пундада эч ким жоктугун эстедим. Биз эмне кыларыбызды билбей туруп калдык. Жымжырт, болгону гана менин жүрөгүмүн түкүлдөгөнү, Шүкрү-бейдин онтогону угулат. Көп убакыттан кийин Шүкрү-бей ордунан зорго туруп, дарбазаны ачты. Ал кайра яхтага сүзүп келип, отургандан кийин, мен яхтаны бассейнге бараткан жолдогу атайын курулган жайга айдап барып токтоттум. Моторду өчүрдүм. Шүкрү-бей тар далис менен өзүнүн бөлмөсүн карай кетти. Мен болсо яхтанын кабинасында турган бойдон кала бердим.


    ...Леша, жакын адамды жоготуу деген эмне экенин экөөбүз жакшы билебиз. Түркиядан кайтып келгенимен кийин жарым жыл өтпөй менин атам каза болду. Мына, азыр уксам, бир жылдан кийин сенин атаң да көз жумуптур. Эми экөөбүз тең бири бирибизден таяныч издеп, турмуштун ар кандай жакшы-жамандыгында бири бирибизди колдой жүрөлү деп, бел байлап жатабыз.


    Шүкрү-бей да агасынан айрылгандан кийин абдан өзгөрүлүп кетти. Ал эч ким менен сүйлөшпөй, жада калса, Пелорус-Жектин кээде келип, аны чакырганына да көңүл бурбай калды. Ошол эле убакта ал Лейла менен өтө ынак болуп, кээде аны катуу кучактап алып, көздөрүнө жаш толуп кетчи. Тигиниси болсо эч нерсени түшүнбөй, таңыркап калчы, менин оюмча, Шүкрү-бей ага эч нерсени айтпай, жөн эле акыры бирөөнөн таяныч издеп жүрсө керек.

Шүкрү-бей дембедем Исмет, Исмаилдер менен кеп алмашса, мени менен дегеле сүйлөшпөй турган болду. Ал Пелорус-Жекти да жактырбай калды, мындан улам мен Шүкрү-бей экөөбүздү агасынын өлүмүнөн күнөөлөп жатат деген жыйынтыкка келдим.

Делфин кээде бассейнге кирип келип:

– Шүкрү-ү! Шүкрү-ү! – деп чакырганда, тигил ордунан козголуп да койбой, аны укмаксанга салып койчу.

Бир күнү мен ага үйгө кетүүгө жардам бериңиз деп суранганда, ал болгону гана:

– Мейли, аракет кылып көрөйүн, – деп кутулду.

Ошондо мен Шүкрү-бей мени да жактырбай жүргөнүн түшүндүм. Эми мен эмне кылам? Үйүмө кантип кетем? Ансыз деле мекеними сагынып жүргөн жаным, Шүкрү-бейдин мындай салкын жообунан кийин, мен андан биротоло түңүлүп калдым. Жерсий баштадым. Ал эми тигил болсо, мени үйгө жөнөтүү нары турсун, пундадагы бардык иштерин токтотуп койду. Пелорус-Жек менен мындан нары мен гана алек болуп жүрдүм: чанда келген делфинди тосуп алып, аны менен бир аз сүйлөшүп, кошо ырдап, анан кайра жөнөтүп коем.

Кайгылуу күндөр бизди биротоло чүнчүтүп бүттү. Күндө аза күтүүнүн деминде сугарылган биздин кыжырыбыз күндөн-күнгө күчөй берди: ансыз деле дайыма бири бирибизди көрүп жүрүп, жадап калган биз эми кичине эле нерсеге жарылып кетчи болдук. Бара-бара биз бири бирибизге сөз айткандан да коркуп калдык. Ал эми адамдардын арасында жүрүп, эч ким менен кеп алмашпаган кандай болорун өзүң билесиң го, досум...

Мен Кара деңиздин боюна көп чыкчы болуп алдым. Адамдын буту баспаган, ээнсиреп-какыраган аскалуу жээкте отуруп, мен тээ алыста, деңиздин наркы тарабындагы мекеними эңсеп зарландым. Ашкорокко чыккан ак чардактардын жем талашып урушканын карап туруп, менин кээде ушул деңиз куштарындай болуп, алыс-алыс учуп кетким келип жүрдү. Ак көбүк тартып, улам таштарга урунуп жаткан толкундардын шарпылдаганы мага Дагомыстын жээгин элестетчи. Кээде мен Ысык-Көлдү да эстей койчумун, анда ого бетер жерсип, мекеними, үйүмү, ата-энеми сагынам.


    ...Э-э, анын эмнесин айтам, Леша, адамдардын арасында жүрүп, өзүңү чөлдөгүдөй сезгенден жаманы барбы? Досторуңун арасында жүрүп, өзүңү душман сезгенден жаманы барбы?

Мейли, Леша, анда эмесе мен сага окуянын эмне болуп бүткөнүн айтып берейин...


    Бир күнү Шүкрү-бей пундага чуркап кирип келди. Ал демигип, кара терге түшүп алганынан анын алыстан жүгүрүп келгени көрүнүп турду. Ал кирери менен шаймандардын бардыгын иштетип, тез-тез импульстарды бере баштады. Пелорус-Жекти чакырып жатса керек. Мен эмне болуп кетти деп, кабатырланып калдым. Ал эми Шүкрү-бей импульстарды тынбай бере берди. Жакын арада Пелорус-Жек да жетип келди.

– Шүкрү-ү! Гүзөл! Гүзөл! – деп кыйкырды ал, бассейнге кирери менен.

– Пелорус-Жек, мага кел! – деп кыйкырды Шүкрү-бей, анан шашып-бушуп бассейндин кырына чуркап барды.

Делфин да ал тарапка сүздү. Ошондо Шүкрү-бей кайра бөлмөгө чуркап кирип, көп убакыт өтпөй, колуна бир нерсени көтөрүп, чуркап келди. Ал шашып, колундагыны делфиндин жонуна орното баштады. Мен алардын жанына бардым. Тигил буюм эмне экенин көргөндө, мен өз көзүмө ишенген жокмун: Шүкрү-бейдин колундагы нерсе... магниттик мина экен!

– Сиз эмне кылганы жатасыз? – мен коркуп кеттим.

– Азыр... азыр мен алардын сазайын берем, – деп кобуранды Шүкрү-бей. – Азыр мен аларды талкалайм... Биз азыр алардан өч алабыз...

Кимди жардырганы жатат? Кимден өч алат? Ошондо гана мен Шүкрү-бейдин күндө деңиздин жээгинде бирөөнү күтүп жүргөнүн эстей койдум. Демек, ал баягыда агасын атып өлтүргөн патруль катерин аңдып жүргөн турбайбы! Мына, эми ал акыры аны көрсө керек.

– Шүкрү-бей, мүмкүн, катердегилер алар эместир? – дедим мен. – Деңизде ага окшогон катерлер толуп жүрбөйбү...

– Бары-бир, – деди Шүкрү-бей, минаны кемерге карматып жатып! – Мен алардан өч алам... Мен аларды талкалайм...

– Ал байкуштар башка болуп калышы мүмкүн да, – менин үнүм диркиреп кетти. – Сизге кимди өлтүрсөңүз бары-бирби?

Шүкрү-бей унчукпай, ишин уланта берди. Ал делфиндин жонундагы темир кемерге минаны жабыштырып койду: тигил катердин алдынан сыйпап өтсө, бир аз убакыттан кийин ал катер жарылат. Боло турган окуяны ойлоп менин жүрөгүм чыкты. Анан мен, эмнеге экенин билбейм, жээкти карай чуркадым. Балким, тигил шордуу катердегилерди кабарлайм десем керек. Мен деңиздин боюна чуркап чыгып, эки колуму рупордой жайып алып, алым жетишинче кыйкырдым:

– Э-эй, катердегилер! Жээкке сүзгүлө! Жээкке...

Бирок тигилер кебелбестен алыстап сүзүп кете берди, болгону гана жаңырык мага өз сөздөрүмдү кайтарып берди:

– Э-эй, катердегнле-ер! Жээкке сүзгүлө-ө!

Мен эми эмне болот деп күтүп турдум. Бир нече убакыттан кийин асканын чокусунда Шүкрү-бей көрүндү, анын колунда мылтыгы бар экен. Анан суу менен Пелорус-Жек да сүзүп келди, ал жээктен кичине алыстап барып, кайра токтоду.

– Бар, пелорус-Жек, катерге бар, – деди ага Шүкрү-бей.

– Жок, Шүкрү, – деди Пелорус-Жек.

– Баргын, болбосо мен сени атам! – Шүкрү-бей мылтыгын делфинге каратты.

– Жок, Шүкрү, жок! – Пелорус-Жек да катуу турду.

– Акыркы жолу айтып жатам, бар! – Шүкрү-бей мээледи.

– Жок, Шүкрү, жок!..

Мылтык атылды. Мен бакырып жибердим. Пелорус-Жектин айланасындагы суу кызарып кетти. Делфин сууга чөмүп барып, анан акыркы күчүн чогултуп, кайра чыга калды да:

– Жок, Шүкрү, жок, – деп толкундардын астында жоголду.


    ...Ошентип, Леша, Пелорус-Жек аттуу, адамдарча сүйлөгөндү билген, акылдуу делфин курман болду. оба, курман болду, анткени анча-мынча адамдардан да адамгерчиликтүү жаныбардын өлгөндүгүн айтуу үчүн ушул сөз гана туура келет деп ойлоймун.

Пелорус-Жек адамдардын чыныгы досу болчу. Ал эми Шүкрү-бей... Ал өзүнүн ырайымсыздыгын гана көрсөттү. Мурун турмуштун кагууларына туруштук көрсөтө албаган, жалаң гана илимий теорияларга чырмалып калган жалган илимпоз экендигин билдирди. Чыныгы илимпоз ириде өзүн адам катары тарбиялашы керек, антпесе анын туруксуз теориялары адамзатка зыяндан башка эч нерсени алып келбейт.

Бир кастык артынан экинчи кастыкты козгойт. Бир мыкаачылык өзүнө каршы дагы бир мыкаачылыкты туудурат. Мен ушундай деп ойлоймун, Леша!


    Эртеси күнү эле мен Шүкрү-бейдин жардамын күтүп отурбай, Ыстамбулга өзүм бардым. Булуңдагы кемелерди аралап жүрүп, туристтик круизге барган бир теплоходду жолуктурдум. Ал кеменин капитанын таап, ага болгондордун бардыгын төкпөй-чачпай айтып бердим. Тигил:

– Менин колуман келгенин бардыгын кылам, – деди. – Коркпо, сен жакын арада өз жериңде болосуң...

Бир жарым айдан кийин Ыстамбулдун портуна келген дагы бир туристтик кемеге мени ала келүү милдети тапшырылыптыр. Көрсө, баягы капитан мекенимде мен тууралу сураштырып жүрүп, менин жоголгонум жөнүндө кабардын негизинде Ростовдон паспортуму таап, мага кайра өз өлкөмө барууга уруксат алып коюптур.


    Ошентип мен бир жылдан ашык аргасыз саякатыман кийин өз жериме кайтып келдим. Мына, эми мен сенин алдыңа келип отурам, достум...


© Турусбек Мадылбай, 1992. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3353