Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Эшимкулова Г.Ф., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 9 декабры

Гүлмира Фронтбековна ЭШИМКУЛОВА

Жандүйнөм менин ырларда

Эшимкулова Гүлмира. Тагдыр. Повесть ж-а ырлар. – Б.: Бийиктик, 2005. – 112 б. китебинен алынды
УДК 82/821
ББК 84
Ки 7-4
    Э — 98
ISBN 9967-13-162-4
Э 4702300100-05

АТАЛАР

Аталар атыңар элде жашайт, 
Аталар атыңарды эл унутпайт. 
Айтышат калыс болгон эл башкарган, 
Айкөл болгон бабаларың деп да айтышат.

Бири айтат тукумуңар молдо болгон, 
Бири айтат эли менен бирге болгон. 
Дагы бири айтып калат аталарың 
Кой оозунан чөп албаган момун болгон.

Бири айтат абдан мыкты шайыр болгон, 
Бири айтат элин, жерин бийик койгон. 
Бири айтат кайран гана кишилер деп, 
Төрт тарабы төп келишкен мыкты эле деп.

А дейт, бу дейт же аталар өзүнөр жок, 
Силер тургай жайлооңордо изиңер жок. 
Аттиң ай, ошондогу эссиз заман, 
Силер тургай изиңер да айран калган.

Аталарды биз тирүүлөй кере албадык, 
Небередей кучагына кысылбадык.
Өздөрүнөн көп нерсени биз үйрөнүп, 
Бата алып ак боз аттай сыза албадык.

Бирөө айтты жакында Бешкөрүктөн, 
Мына бул бир атаңдын мүрзөсү деп. 
Эң мыкты адам болгон деп көп угам, 
Бул тукумду каардуу заман кырды го деп.

Мүрзөсү эмес өзү тиктеп турган сыңар, 
Эмнегедир бүткөн боюм дүр дей түштү. 
А мүрзө мени менен сырдашкандай,
Эмнегедир тирүү жандай тиктеп турду.

Бук болуп неге мүрзө тиктеп турду,
Бул сезим эмнегедир оюм бурду. 
Аркаңарда үч кыз, эки уулуңар бар, 
Бук болбогун тукумуңар дагы уланар.

Бүтүргүлө биз бүтпөгөн иштерди деп,
Жеткиле биз жетпеген жерлерге деп. 
Акыл-эстүү болгула деген сыңар, 
Тургансыды бата береп арбагыңар.

Арбагыңдан айланайын аталарым,
Заман чиркин апаат кылды далай баарың.
Өзүңөрдү ойлогондо жүрөк сыздайт,
Жок дөгөндө түштө көрсөм деп да зармын.

Аллага ар күн сайын таазим кылам, 
Сообу тийсин деп силерге дуба кылам. 
Арбагыңар бизди дайым колдосун деп. 
Ар күн сайын өзүңөргө тилек сурайм.

Жашайсыңар жүрөгүмдө өчпөс оттой, 
Арбагыңар жүргөнсүйт бизди колдой. 
Арбактуу кагылайын аталарым, 
Бир көздө соолупсуңар өчкөн оттой.

Айла канча жайыңар жайлуу болсун, 
Топурагы торко болуп, мамык болсун. 
Кудай Таалам жаннатты насип кылып, 
Аталар ыйманыңар жолдош болсун.

Мен ушуну тилек кылдым кетеримде, 
Айта алам мындан башка бөлөк эмне?
Ушунчалык салкын согуп жел да турду, 
А мүрзө баштагыдай сырдуу дале.

Студент кезде тарых бетин барактагам,
Элимден уккан сөздү ойго салгам. 
Алыстан мүрзөңөргө далай барып, 
Аталар арбагына таазим кылгам.

Ойлонуп андан кийин көпкө жүргөм, 
Аталарды тереңирээк келген билгим. 
Далай-далай кишилерге мен кезигип, 
Кийин бир чыгармага кадам кылгам.


ТАБА АЛБАЙМ

Тоого чыгып Асылбашты карасам, 
Айылымдын кооздугуна көз салсам. 
Катар-катар кооз салынган үйлөргө, 
Анан дагы бак-даракка көз артам.

Эмгекчил Асылбаштын элдери, 
Бапестеп карайт экен бул жерди. 
Короолорго өстүрүшөт жайнатып, 
Көк-сөгүн, алма багын жайкалтып.

Кой-эчкисин айдап чыкса таң заарда, 
Уйку деген жокпу деймин буларда. 
Тоонун бетин каптап чыкса малдары, 
Кубанбай жүрөк чиркин турабы.

Таң заарда кыз-келиндер уй саашат, 
Балпайган чоң энелер сүт тартат. 
Аксакалдар минип алып жылкыга, 
Уйларын бадаларга айдашат.

Too боорунан ылдый аккан бир булак, 
Айылдын малын бүтүн сугарат. 
Туптунук кичинекей бул булак, 
Далай кырчын өмүрлөрдү улантат.

Салынган кызыл кыштан кош кабат, 
Too боорунда мектебим да заңкаят. 
Бир кезде мен окуган бул мектеп, 
Дагы деле мээрим чачып жылмаят.

Бала кезде биз суу кечип ойногон, 
Каракоо да агып жатат шол бойдон.
Суу жээгинде түркүн-түркүн таш турат, 
Бир кезде ойноп жүрүп биз койгон.

Салаалаган бүлдүркөндөр дагы эле,
Бышып турат даамы ширин тим эле. 
Каракоону кечип барып ал жерге, 
Топ балдар жечү элек бир кезде.

Анан дагы мен чоңоюп өскөн үй, 
Бир кезекте алтын атам салган үй. 
Ал да турат, ал да өзүнчө заңкаят, 
Ал да өзүнчө бир башкача кашкаят.

Баары турат баштагыдай топтолук, 
Мектеп, үйүм, элим, жерим топтолуп. 
А бирок бала кезим таба албай, 
Too боорунда мен да турдум бук болуп.


ЖЕЗДЕМЕ

(Асан уулу Кубанычбектин элесине)

Жездем эмес өз агамдай көрчү элем, 
Ушунчалык таза тунук жан элең. 
Атымдан такыр айтпай: «Гүкү», — деп, 
Балдызым деп эркелетип жүрчү элең.

Эжем менен жетелешсең жарашып, 
Элдин баары суктаныша карашып. 
Бириңдин көркүңдү бириң ачып, 
Эгиз сымал жүрчү элеңер жанашып.

Кудай Таалам эки уул берип экөөңөргө, 
Бакыт чачып койгон эле үйүңөргө.
Ал ансайын кудалар да жетине албай, 
Ак батасын берген эле өзүңөргө.

Тилеп алдык тун баласын кудайдан деп, 
Тунуңардын атын койгон: «Тилек», — деп
Экинчиси Алланын белеги деп, 
Кенжеңердин атын койгон: «Белек», — деп.

Тилек, Белек жерден боорун ала электе, 
Эс тартып окуп, билим ала электе. 
Шашылып кайда кеттиң айтчы, жезде? 
Он гүлүңдүн бир гүлү ача электе.

Күлгүндөй жапжаш бойдон кете бердиң, 
Негедир кайрылып бир келбедиң. 
Эжем шордуу кара кийип кала берди, 
Тирүүлөрдүн арасынан таппай сени.

Калды артыңда наристе эки жетимиң, 
Калды дагы кара кийген жесириң. 
Үй-бүлөң сени жоктоп турса дагы, 
Жезде сен кайрылып бир келбедиң.

Ботосунан айрылган боз ингендей, 
«Жалгызым» — деп боздоп калды апакең. 
Тамырын кыя чапкан карагайдай, 
Телмирип араң турду атакең.

Наристе эки уулуң секеттерим, 
Түшүнүшпөй өлүм эмне экендигин. 
Тургузабыз атабызды деп жүрүшөт, 
Улам бири көшөгөңө жүгүрүшөт.

Жаназаң окулуп бүткөндөн соң, 
Көрдү көздөй сени алып кеткенден соң. 
Боз үйдүн уугун кармап жарың, жезде. 
Тетир карап ыйлап жатты ошол кезде.

Эжемдин жашын коштоп жамгыр дагы, 
Нөшөрлөп токтобостон жаап жатты. 
Ошондо көпчүлүк эл ал жамгырды, 
Алланын ырахматы деп айтышты.

Мына ошентип өзүңдү биз узаттык, 
Күйүп-бышып, ыйлап-сыктап аза таптык.
Төрт тарабы төп келишкен жездебизден, 
Айрылып, кош айтышып жан сабадык.

Жезде, эми жаткан жериң жайлуу болсун, 
Акыреттен жаннатка жаның консун. 
Алла Таалам кечирип күнөөң болсо, 
Түбөлүктүү жаннатка жаның койсун.


МАЖҮРҮМ ТАЛ

Мажүрүм тал тээ алыстан каратат, 
Не бир шумдук, түркүн сезим жаратат. 
Кээде туруп талга ашык киши эмес, 
Дал өзүндөй тал болууну саматат.

Жан жактарың жерди карай ийилип, 
Баласына мээрим төккөн энедей. 
Ийилген бутактарың жер чийип, 
Ыймандуу жапжаш сулуу келиндей.

Жалбырагың жашыл жерге ийилип, 
Сөөгү жок бийчи сымал керилип. 
Суу боюнда бийлеп жаткан сулуудай, 
Мынча неге жерге ийилдиң керилип.

Салыштырам сени кээде тагдырга 
Бирде окшошсун сүйүү арналган жалжалга. 
Окшоштуруп коём кээде өзүңдү, 
Эпостогу Сайкал сулуу баатырга.

Кээ күндөрү шамал боло калганда, 
Сени көргөн, көрбөгөн да арманда. 
Көркүң шумдук бир башкача ачылат, 
Сен өзгөчө бутактарың жайганда.


АПАКЕМ

Апакебай, караңгыда чырагым, 
Кагылайын мөлтүр кашка булагым.
Чоңойтом беш баламды деп жүрүп, 
Жаштыгыңды кай тарапка айдадың?!

Апакебай, теңдеши жок адамым, 
Түбөлүккө нурун бизге чачарым. 
Окутам беш баламды деп жүрүп, 
Жаштыгыңды кай тарапка айдадың?!

Апакем, балдарыңа сен бардыгын арнадьң, 
Сен биз үчүн күн нуруна айландың. 
Сенин ушул зор эмгегиң баалаган, 
Акыл-эстүү болсок экен балдарың.


СИҢДИМЕ

(«Мутакаллим» Прогрессивдүү коомдук айымдар бирикмесинин төрайымы Фронтбек кызы Жамалга)

Атыңа затың жарашып, 
Акылың менен жанашып. 
Талыкпастан эмгектен, 
Сакалдуудан бата алып.

Окууңдун көрүп үзүрүн, 
Акылдуу бол, үмүтүм. 
Пайдаңды жалгыз биз көрбөй, 
Жалпы эл көрсүн үзүрүң.

Максатың көп өзүңдүн, 
Орундуу дайым сөздөрүң. 
Алгала, Жамал, алгала, 
Сөзүңдү иштен көрөйүн.

Актай көр апаң ак сүтүн, 
Орундат атаң үмүтүн. 
Жалпы элимдин кызы бол, 
Тилегим ошол куну-тун.

Кош жоолугу жарашкан, 
Кыргыздын сызы, Жамалхан.
Бар болгун, Жамал, садагам, 
Колдосун сени жараткан.


ТАЯТАМ

Кегетиге барам кээде ашыгып, 
Энекемдин туулган жерин сагынып. 
Бейиши болгур менин таятамдын, 
Бир кездеги акыл сөзүн сагынып.

Кайран таятам мырзасы белең адамдын, 
Акыл айткан ширин сөзуң сагындым. 
Өзүң тиккен алма багың аралап, 
Мен кусалык дайрасына кабылдым.

Бир кезекте ак аскалың жайкалтып, 
Бак ичинде отурчу элең нур чачып. 
Алтымыштан бир аз өтүп арман ай, 
Көз жумуп кете бердиң шашылып.

Калды артыңда өзүң салган ак үйүң, 
Калды артыңда өзүң сүйгөн кең Чүйүң. 
Балдарым жесе экен деп өстүргүн, 
Алма, алмурут, гүлдөп турат өрүгүң.

Өзүң сүйгөн ак кайыңың дале бар, 
Кайың жандап өсүп турат алмалар. 
Жаз келгенде алар дайым жанданат, 
Бирок күч жок сага жазда жан салар.


© Эшимкулова Г.Ф., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2540