Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Абдиев Р., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 8-февралы

Раимбек АБДИЕВ

Жүзүкара

Романда кыргыз эли эгемендүүлүккө жеткенден кийин өз алдынча жасаган алгачкы кадамдары, ошол кыйын мезгилде калк камын көрүүдөн мурда жеке кызыкчылыктарын баарынан жогору коюшкан майдабачек атка минээрлерден тартып президентке чейинки алдым-жуттумдардын, шылуундардын, эки жүздүүлөрдүн, кошоматчылардын не бир айлаамалдары менен жасаган жүзүкаралыктары көркөм чагылдырылат.

Абдиев Р. А. Жүзүкара: Роман – Б.: 2010.

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7-4
    А 13
    ISBM 978-9967-409-85-9
    А 4702300100-1015

 

Аксыда 2002-жылы 17 мартта, Бишкекте 2010-жылы 7-апрелде жүзүкара бийликтин кандуу башкаруусуна каршы чыгып шейит кетишкен, жарат алышкан арстандарыбыздын өчпөс эстелигине, эркиндик, теңдик, акыйкаттык, демократия үчүн байыркы элибиздин улуу жүрүшүн баштаган эр жүрөк акылкөй баатырларыбызга арнайм.

Автор

 

Р. Абдиевдин “Жүзүкара” романына

СӨЗ БАШЫ

Азыр байыркы элибиз өзүнүн тарыхында улуу бурулуштун башатында турат. Буга жетүү өтө татаал жана кандуу болду. Кыргыз элинин тагдыры дагы эле устаранын мизинде. Ушундай катаал шартка карабастан улуу элибиз туңгуюктан жол таап, зор шыктануу менен өзүнүн тарыхын өчпөс алтын тамгалар менен жаза баштады. Бул көрүнүш кимди болсо да кайдыгер калтырган жок, чыгармачыл өзгөчө сезимтал адамдар эли менен дайыма ойтилеги, максаттары жатса-турса бирге болуп, келечекке тике карашып, калкы менен чогуу алга кадам таштап жатышкан кез. Мына ушунун өзү алардын демине дем, шыгына шык кошууда. Ак менен каранын, ак ниеттик менен кара ниеттиктин айгышкан күрөшүүнүн чатышкан күндөрү башыбыздан өтүп жатат. Ушул нары жооптуу жана кооптуу мезгилде эл алдында, мекен алдында өзүнүн ыйык милдетин сезе билген инсандарыбыз колдорунан келишинче Ата-Журтуна кызмат көрсөтүшүүдө. Алардын катарында жазуучуларыбыз да бар, маалымат каражаттарында калемгерлерибиздин түркүн жанрлардагы көркөм чыгармалары тартууланып жатат. Карыя жазуучу Раимбек Абдиевдин колуңуздардагы “Жүзүкара” романы буга мисал.

Романдын автору жөнүндө азыноолак кеп кыла өтөлү. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан баштап Р. Абдиов кыргыз окурмандарына журналист катары адегенде очерктери, фельетондору жана жазуучу катары аңгемелери, повесттери, пьесалары, романы, көркөм котормолору менен таанылса, XXI кылымдын башы ал үчүн жемиштүү болду, өткөн он жылда “Төпө аке” (2002–ж.), “Таазим” (2004–ж.), “Алай закымдары” (2005–ж.), “Үмүт” (2006–ж.), романдары жарык көрдү, окурмандар аларды жылуу кабыл алышкан, жакшы пикирлер айтылууда.

Р. Абдиевдин “Жүзүкара” романында элибиздин өткөн жыйырма жылдагы оор турмушу көркөм чагылдырылган. Тээ, өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын башында элибиз эгемендүүлүккө ээ болгондо чечекейлери чеч болуп, калпактарын көккө ыргытышып, “күңкорсуздук бизге асмандан түштү, мындай эркиндикке көп «элдер канды суудай кечишип жетсе, биз тынчтык жолу менен жеттик» дешкенин кантип унутабыз? Ошол эркиндикти туу тутуп, өзүлөрүн президентикке шайлашкан калкынын ишенимин ыйык баалабай, касиеттүү калкына берген антына түкүргөн адам сымалдардын жузүкаралыктарын кантип унутабыз? Кантип кечиребиз?!

Эзелтеден эркиндикти, абийир, ар-намысты аздектеген кеменгер элибиз башын бийик көтөрүп, алдыга чечкиндүү кадам таштап көркоолордун акыйкатсыз, ашынган ач көз, өзүмчүл карөзгөй бийлигине баш ийип, кул болуп беришпеди, акыры жүзүкаралардын чүмбөттөлгөн бет кабын сыйрып ыргытышты. Мына ушул улуу салгылашта кыргыз эли өзүнүн баатырлыгын да, акылмандыгын да, келечегин көрө билгендигин да дүйнө жүзүнө даңазалады! Ар бирибиз жана бизден кийинки муундарыбыз сыймыктана турган бул мезгил азыр жана келечекте чыгармачыл инсандарыбыздын, окумуштууларыбыздын көңүлдөрүнүн чордонунда болмокчу.

“Жүзүкара” романы чыгарманын аты айтып тургандай жүзүкаралардын арааны ачылып, доорону сүрүп турган мезгилди көркөм сүрөттөгөн. Анда элибиздин бүгүнкү жана эртеңки эркиндиги, жыргалчылыгы үчүн баштарын канжыгага байлашып, аттанып чыгышкан Исакова, Назаров, Асанбаев, Серкебаев, Искенов сыяктуу эр– азаматтарыбыздын жалындуу обпаздары, калкынын канын кактап соргон Кусалиев, Сакиев, Жансалиев, Аксымов өңдүүлөрдүн кебетекешпирлери менен көркөм чыгарма бетинен дагы бир жолу таанышасыздар. Ошону менен катар роман канчалык көп кырдуу, кызыктуу жазылганына окурмандар өзүлөрү күбө болушуп, өзүлөрү баалашмакчы.

Кереметтүү дүйнө, сырдуу дүйнө! Анын керемети жана сыры – биз жашап жаткан дүйнөнүн эсеп жеткис түйүндөрүндө. Автор аны ачып бере алды бекен? Эмесе, романдын каарманда ры менен бирге биздин катаал жана сыймыктуу, жүрөк үшүн алган коркунучтуу жана не бир табышмактуу, кызыктуу турмушубузга үзүлбөгөн үмүт менен саякат жасап көрөлү!

Азимбөк Бөкнэзэров, коомдук жана саясий ишмер

 

БИРИНЧИ БӨЛҮК

1.

Кеч күздүн чаңкайган асманы месирейип аялдамадагы ындыны өчкөн кишилерге суук кабагын салып тургансыды Азатка. Көк теңирдин бул көрүнүшүнөн ал жүрөк үшүн алган мерээздикти да, түбөлүктүү жашоонун учугу үзүлбөгөн кереметтүү чексиздигин да, экөөнү тынымсыз коштоп жүргөн, адам акылы жетип-жетпеген сырдуу сансыз суроолорду туудурган эсепсиз кубулуштарды сезди. Бул сезим бир чети анын кабыргасын кайыштырса, бир чети кара түн түшкөн туңгуюктун түпкүрүнөн үмүт шамынын шооласын көрдү, касиеттүү соолбос кубатын туйду. Атам замандан ак ниеттик менен кара ниеттик үзөңгү кагышып тизгин талашып келатканын ойлоду Азат. Эч качан бүтпөгөн элдешкис ушул күрөштө азыр өзү тойсо да көзү тойбогон жүзү каралыктын ач өзөк тайганы ээ-жаа бербей азуусун айга жанып арсылдап жеңип бараткансыды ага. Бул туюмдан Азаттын аза бою дүркүрөп капысынан ажал менен бетме-бет келе түшкөндөй селт этти, ичинен күңгүрөндү: «Андай боло койбос! Ай ким билет? Жо-жо-ок, кантип эле...» Ал адегенде ички дүйнөсүн бүлүк түшүргөн туюмдан чочуса, эми ошонун кооптуу дүбүртүнөн күңгүрөнүп жибергенине айланасындагылардан оңтойсуздана жан-жактарын карады. Мында котолоп тургандардын эч кимиси Азаттын абалына көңүл бурган жок, алардын ар бири башына түшкөн мүшкүл менен бушайман эле. Эми ал ак аралап калган тармал чачтуу чарадай башын саал көтөрүп жогору, Манас-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине көз жиберди, жакында жолдун ачылаары белгисиз, тек гана таяктарын ала чуркашып, жаны чыгып бараткандай ышкырыктарын чырыл-датышып машиналарды гана эмес шам-шаркыт жөөлөрдү да теске салып чебеленип жүрүшөт МАИчилер менен милийсалар. Бул республиканын президентинин ак үйдөн тоо тарапта– гы резиденциясына өтөөр учур болчу.

«Ал кызыталак акыры бу жерден өтөөр же өлөөр» деген ой келди Азатка, мыйыгынан кекээрдүү жылмайып, күтүүдөн башка аргасы жок экенин биротоло түшүнгөнсүп салмагын улам бир бутуна оодарып, булгаары күрөң сумкасынын боосун карыша кармады. Кыйла кыскарып калган күн тоо жазданып дигерге ооп баратты...

О-о, бир оокумда гана тээ төмөндөн, Чүй проспектисинен сиреналардын чуулдагандары угулду, зарыккандардын жүздөрү ошоякка бурулду. Мына, көз ачып– жумганча президенттин жолун тазалаган жансакчыларынын жарыктарын жылтылдатып, жандары чыгып-чыкпай келатышкансып чыркырашып, үзүлө– үзүлө чыйылдашып жетип калышканда тургандардын арасында кобур башталды:

– Чиркин, бактың болсо ушул экен да...

– Урдум, ошонун бактысын!

– О, теңирим, эл тынч болсо экен, бейпилдик бере көр! ...

Ар турдүу ыргакта чыккан ачуу сөздөрдү саал кырылдаган коңур добуш басып кетти:

– Бактылуу көрүнгөндөрдүн баары эле бактылуу эмес, бактысыз өңдөнгөндөрдүн баары бактысыз эмес...

Акылдуусуна айтылган бул сөздү көпчүлүк анча этибарга албаганы менен айрымдары үн чыккан тарапка бурулушуп кээ бири аны келекелей күлүшүп, дагы бирөөлөрү тигинин айткандарын жактырган маанайда баштарын ийкешип күбүрөшө калышып жатышты, Азат да ошол жакка кыйшая карады. Анын көзүнө кара плащы арык денесине илип койгонсуп шөлбүрөгөн, башындагы кара шляпасынын да кейпи кеткен, чап жаак, куш мурун, эки бетинин чүкөсү чыккан кер сары киши урунду...

Аңгыча президенттин ок өтпөсү алды-артын жан алгычтардан коргоп келатышкан жылаандай сойгоктогон машиналар– дан өзгөчө көрүндү, кирпик ирмемге сөздөр токтоп кишилер санжыргалуу жүрүшкө аңкая карашты. Аппак Лимузин аялда-манын теке мандайынан өтө берээрде баякы кыркырак коңур үн бирөө муунтуп жаткансып корулдады:

– Аттиң ай, ишенген кожобуз сууга акты, алды-алдыбыздан тал кармайлы!..

Кара шляпачанга чукул тургандар ага дагы түйшөлө карашты, анын сөзүн ач кыйкырык коштоду:

– Кусалиев жогол! Долой Кусалиев!..

Адамдар ушуну эле күтүп турушкансып дүркүрөй чуркурашты:

– Өлүп кет, доңуз!

– Жогол, желмогуз!

– Кара жемсөөңө кан толсун!..

Аялдамада мынчалык чуу болоорун Азат күткөн эмес. Ал адеп ач кыйкырык чыккан тарапка жалт бурулуп, кыюсуз эски калпагын чакчырылта кийген, бозомтук күрмөсүнүн эки өңүрү делбирттеп кызгылт көйнөгүнүн жакасы жакжайган киши дагы эле:

– Кусалиев, арың болсо атылып өл, акылың жетсе асылып кал!.. – деп кирген сууга агып бараткансыган аппак Лимузинге муштумун түйө кезенүүдө, кыркырак кара шляпачан да чуу баштаган адамдын жанына жетиптир. Бул көрүнүш Азатты эки анжы ойго салды, бири, тигилер жагдайдан пайдаланып элди көтөрүү үчүн атайын уюшкан топтун мүчөлөрү, экинчиси кара шляпачан эл арасында адамдардын маанайын атайын аңдып, кырдаал курчуп баратса тартипсиздикти баштагандарды керектүү жерге билдирүү максатында жүргөн көп шимшүүлөрдүн болушу ажеп эмес эле. А бирок, жанына келген кара шляпачанды курумшу калпакчан карап да койбоду, экөөнүн ортосунда сөз менен болбосо да, жаңдоо же жаңсоо ирээтинде да мамиле жасалбагандыгын Азат байкады, демек өзүнүн эки шектенүүсү далилсиз калды. Акыры жол да ачылды, дүүлүккөн адамдардын ар кимиси өз камын көрүп, келаткан машиналардын жолун тосушуп бири-бирин жөөлөшүп жаналакетке түшүштү. Курумшу калпакчандын ач кыйкырыгынан бир муштумдай түйүлө түшкөн адамдар заматта чачырай баштады, кара шляпачандын үнү мурдагыдан кардыга, мурдагыдан көтөрүңкү чыкты:

– Аттиң ай, тагдырыбыз таз башындай тайкы беле!?

Адегенде кара шляпачандан кардыккан үнү ээн талаада, эч ким жок кокту-колоттун биринде бир келесоо өзүнчө бушайман болуп жаткандай кабылданса да, көп өтпөй шашып жаңтандап сол буту сылтый баскан карыя жарчынын маңдайына токтой калып, кара кыюулуу ак калпагын кежигесине буржуйган бүкүр сөөмөиү менен түртүп коюуп, куудай сакалын сербеңдетип кош алаканын жайып батасын берди:

– Таасын айттың укам, агарым кам болбоң, о-омийин!

Машинага шашып бараткандар да, колунда баштык-үштүгү барлар да карыяга кошулуп алакан жайып жиберишти.

Машиналар чубуруп келип да, аба жарыган адамдар аларга тыгылышып түшүп да, батпай калгандары сүрмө топ болушуп моюндарын созушуп кийин келчүлөрүн күтүп да жатышты. Жүз он сегизинчи каттамдагы кичи автобус эми эле токтогон троллейбусту чимириле айланып астын торой токтоор менен кишилер ага жабалакташып жармашты. Артынан адамдардын жөөлөй түрткөнүнө моюн бербей чачтарын саксайтып кое берген кара тору жигит эңишке түшчүдөй топтон суурула артына кылчая плащчанды карап бакылдады:

– Бар болуңуз, жарчы байке!

Карыя менен жигиттин айткан сөздөрү Азатты ойго салды. Азыр адамдар тое жечү ашка, торколоп кийчү кийимге гана эмес, ачык айтылган ак сөзгө, жанга жагымдуу мамилеге да муктаж болуп турганынын даана белгиси эле бул, а жан ачытып чыккан ач кыйкырык жашоо үчүн күрөштүн айла кеткендеги акыркы жандалбастаганы экенин ичинен сыза баамдады, ал боору толгонуп чуу баштаган жигит тарапка дагы карады. Мезгилдин туңгуюгуна чумуп кеткенсип заматта көздөн кайым болгон президент түшкөн аппак көңкө кеткен тарапты тиги дагы эле эси оогансып тиктеп турат, түк мурут боз улан экен, Азаттын зээни кейип кетти, элдин суюлушун күтпөй кете бергиси келип жогортон каттоочу таксини акмалай басты, анын дал бетмаңдайынан, Ахунбаев көчөсүнөн төмөн карай жок издешкенсип үч киши шыпылдап шашып, адамдардан бирдеңкелерди сурашып келатты. Алардын көчөдөгү карапайым адамдардан айырмасы жок эле, бойлору орто, кийимдери жупуну. Көптү көргөн кыраакы Азаттын көз алдына ач кыйкырыгы менен алакандай аялдаманы солкулдаткан боз улан келди да, дароо оң жагына бурулуп дагы эле эмне кылаарын билбей турган ага эки аттап жетип сол каруусунан тартып:

– Уулум, жаныңдан тойдуңбу, – деди шыбырай, – президенттин өтүп кеткени беш мүнөт боло элек, анын шимшүүрлөрү сени издеп келатат, башыңдагы калпагыңды койнуңа кат да, көпчүлүктүн арасына кирип кет!

Улан эсине келе Азаттын жүзүнө жалт карап деми кыстыга кирилдеди:

– Сиздин ишиңиз эмне?

Ал дагы эле эсин жыя элек болчу. Шашпай түшүндүрүүгө убакыт жок эле. Азат чечкиндүү кадамга барды, карылуу манжалары менен уландын сол каруусун капшыра кармап:

– Жүрү, бас! – деди кесе. Ал кандай сүйлөсө ошондой ыкчамдык менен тигини аялдаманын секичесинен сүрмө топ адамдарды аралай дегдеңдетип жетелеп жөнөду, анын денеси камгактай жеңил экен, такоол берүүгө каруусу да жок көрүнөт. Азат баланын сол кулагына башын бура шыбырады, – президентке кезене муштумуңду түйүп чуу салганыңды, аялдамада араң турган эл сени колдоп кеткенин, эми ошол чаң– тополоң сала жаздаган кишини тыңчылар издеп келатканын ачууңа жеңдирип байкабай жатасың, – Азат баланы кое берип жатып соңку кеңешин айтты, – сөзүмдү ук, калпагыңды башыңдан алып төрт бүктөп койнуңа кат да тиги өзүңдүн теңтуштарың турган университеттин студенттеринин арасына кирип андан ары изиңди жашырып кач! – Азат окуу жайынын алдында жыйылып турган жаштарды ээги менен жаңсай көрсөттү уланга.

Акыл-эсине келе түшкөндөй бала эки-жагын карап алып өтө илбериңкилик менен калпагын койнуна катып жөнөй турган болгондо Азат анын жүзүнө тигилди. Улгайып калган москоол адамдын маңдайында өскүлөң суйдаң коңур чачтары уй-паланган, кансөлү жок беттеринин сөөктөрү чыккан, моюну кылдай бакыраң көз бала турду. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Баланын көзүнөн Азат муңайым суздукту жана да кагылып-согула элек балалык маңыроолукту байкады, оюна “көчө таптаган акылсыз тентектерден көрүнбөйт, президентке кол көтөрүугө буга эмне түрттү экен?” деген суроо келди. Ушул оюнун артынан анын ичинде кандайдыр балага аталык мээрим пайда болду, бала да шарт басып кете албай турду. Бейтааныш эки кишинин бири-бирине болгон кирпик ирмемдеги көз караштары аларды биротоло жакындаштарып койгонсуду. Азат баланы дароо кайра колтуктан алып:

– Кеттик! – деп төмөндө кезекте кардарларды күтүп кырка тизилген таксилерди карай арышын кенен таштады. Ал бул кадамы абдан туура болгонун, эгер муну азыр таштап кетсе тигилердин колуна заматта түшөөрүн, анан шимшүүрлөр ашынган мыкаачы баш кесерди кармап алышкансып бадыраңдашып улуктарына билдирүү жасашаарын мыйыгынан кекээрдүү жылмайып ой жоруду, таксилер тизилген жерге да жетип келишти. Мында адамдар азыра-ак болчу. Азат алдыңкы таксиге жете берээрде аны үчөө илип кетти. Ал ичинен кыпылдап шашып турса да, сыртынан токтоо калыбында кезектеги экинчи таксинин алдыңкы эшигинин туткасын кармады. Бул эскилиги жеткен «Волга» экен. Такси тандоого Азаттын убактысы жок болчу. Шимшүүрлөрдөн азыр из жашырып кетсе да, экөөнү кимдир бирөөлөр көрсөтүшүп коюшу мүмкүн эле, ошондуктан ал эшикти эңкейип ачып жатып солго башын буруп бала экөө жетелешип чыккан аялдаманын секичесине көз жиберди, жанагылардын бири кара шляпачандан бирдеңке сурап жаткансыйт, ушул учурда анын оң жагынан корулдаган үн чыкты:

– Кайда барасыз тууган?

– Ош базарына, – деди Азат эми өзүнөн мурда машинанын арткы орундугуна баланы отургузмакчы болуп, эшикти ачып тигиге ишаарат кылып.

Улан тарткынчактап Азаттын ишааратына макул болсо да эмне кылаарын билбеген кейипте отурган соң өзүнүн колдо-очусуна суроолуу карады, анын томсоргон жүзүнөн кандайдыр олуттуу нерсени байкаш кыйын болчу. Машинасынын эшигин шашпай ачып, ордуна: оолжуй отуруп жаткан күрсүйгөн айдо-очуга эңкейе:

– Мүмкүн болсо тездетсеңиз, шашып жаттык эле, – деди Азат.

Багалчагынан келген толук, эки бети каракөк тартып чыңалган, жээктери кырылып бозомтук тартып оңуп калган кара булгаары кепкасы чарадай башынан төбөсүндө топудай чокчойгон айдоочу эскилиги жеткен көңкөсүн от алдырып жатып маалката чоюлду:

– Азы-ыр, азы-ыр...

Ар бир секунд Азатка сааттай сезилди, кысталышта ушул тамтыгы чыккан таксиге туш болгонуна кейиди, машинадан атып чыгып башкасына отургусу келди, бирок, көрүнүп калуудан сактанды, артына кылчая жанагыларга дагы көз жиберди. Азыр алар үчөө эле, жарчы аларга аялдаманын чыгыш тарабындагы дарыканалар тарапты көрсөтүп колун жаңсап жатат, тигилер да ошол жакка бурулушту. Азаттын санаасы эми тынгансыды, бирок, боз уланга боор ооруп жасаган бүгүнкү кадамы кандайдыр оңтойсуз нерсеге туш кылаарын туюп, ушул туюмуна ишенип да турду. Ошол эле учурда «бул эски комму– нисттик доордо бүтүндөй караламан калк ар кандай кыйнап-кыстоого, куугун-сүргүнгө ак жеринен туш болушуп жүрүп болоор-болбос нерселерден шектене берүү каныбызга сиңип калса керек» деп өзүн өзү соороткон менен совет мезгилинде тарбияланып, биротоло калыптанып калган азыркы төбөлдөр көндүм адаттан чыга албай турганын, жан-дүйнөгө сиңип калган эски илдеттен кеменгер адамдар гана арыла ала турганына көзү жетип жатты...

Ойго бата түшкөн Азатты акыры машинанын кыр-кыр этип жатып жыла баштаганы азыр башына түшкөн жагдайга кайра жетеледи. Жашын жашап бүткөн көңкө карылыгынан онтоп жатып араң баш көтөргөн бечарадай такси жүткүнүп барып жүрүп-жүрбөй кыйналып жылды, эми байкуш ээси өзүнө да жан киргенсип жүргүнчүлөрүнө ырсая караганда оңууртундагы жалгыз алтын тиши жылт этти. Кезинде бул да чардактап дооран сүргөнү байкалып турду, көңкөсүнүн ылдамдыгы жогорулаган сайын анын көңүлү көтөрүлө Азатка кылчая сурады:

– Чынымды айтсам акесизби же үкөсүзбү билбей турам?

– Аке же байке десең жаңылбайсың, – Азат жылмайып коогалуу аялдамадан эми алыстап баратканына көзү жетип артына кылчайып жарчы менен үч киши жок издегенсип турушкан секичеге көз жиберди, андан бери баскан-тургандардын арасында шектүү кишилер көрүнбөдү, ал астын карап оңдонуп отурду, сезим түпкүрүнөн эзелки замандан элде айтылып келаткан макал сызылып өттү: «Сактыкка – кордук жок», сөзүн токтоо улады, – ашып кетсе кырктын ортосундасың го?

– Туура айтасыз, – деди айдоочу Токтогул көчөсүнө чукулдаганда машинасынын тормузун тээп.

– Мен, – деди Азат жылмайган калыбында, – жетимишке чукулдап калган кишимин.

– Келишкен тармал чачыңызга, чырымтал жүзүңүзгө караганда... – айдоочу сөзүнүн аягына чыкпай көчөлөрдүн кесилишиндеги машиналардын ыгына жараша жүрүшүн басаңдатып биротоло базарды көздөй бет алганда кебин бажылдай улады, – менден жаш көрүнөсүз...

Адатта минтип тилин жаныган тапандардын көбү жанда жок кошоматчылардан болоорун, ишиң илгерилеп турса алар колдон суурулуп койнуңа төгүлүп, кончуңду жалап, ооматың кете баштаса душмандан мурда төбөңө камчысын үйүрүп аксынып, таксынып, акылдуусунунп чыга келээрин ойлоду Азат, жанындагы бала козголуп койнундагы калпагын кийүүгө камданып, оң колунун арык ичке манжаларын арбаңдатып күрмөсүнүн бооруна апаратканда ал аны билегинен сылай кармап шашпа дегендей белги берди, баарын байкап келаткан айдоочу муну өзүнчө түшүндү көрүнөт жүргүнчүлөрүнө кыйгач карап:

– Уулуңуз кежир көрүнөт, – деп барсылдап күлүп алды.

Бейтааныш уулуна Азат алдыртан көз чаптырды. Айдоочунун кыра сүйлөп, шылдыңдай барсылдап күлгөнү балага эч таасир тийгизбегендей, ал санаасы санга бөлүнүп алдакайда жүргөндөй мелтиреп отурат, калпагын алганы бараткан колу да шалдайып оң тизесинин үстүндө кыймылсыз. Араң турган немеге айдоочу олдоксон сөз айтып жибереби деп Азат сөз баштады:

– Балдарда миң түркүн кыял бар, ал кыялдарды ким тыяр...

– Пах– пах... сөзэмесбекен, – айдоочужарылып, көмкөрүлгөн казандай курсагы солкулдап, боору ботко болуп кетти, – кайран балалык, кайран жаштык кез гүлдөп турган учуруң экенго, чиркин!

– Кырктын ортосунан өтө элек жатып өкүнбө анча, азыр болуп-толуп турган учуруң эмеспи, – Азат күлө сүйлөдү, – тээ алтымыш-жетимишке чыкканыңда азыркыдай кеп баштасаң болоор, ага чейин дагы канча убактың, мүмкүнчүлүгүн бар?

– Сайда саны калган ушул машина менен бир сынык нан үчүн сандырактап жүрүпбү? – деп кейип-кепчип жиберди айдоочу, анан эткел денеси менен бурула Азаттан сурады, – бир карасам легендарлуу парламенттин депутаты Казы Шамбетовго, бир карасам «абийир туткуну» Тургун Алиевге окшоп кетесиз, сиз ошолордун бирисизби?

– Жок. Ырас мен ал кишилерди жакшы тааныйм, бирок алар менен эч кандай жакындыгым да жок, атыжөнүм Азат Базаров...

– Ооба-ооба, сизди кайдан көрдүм дейм да, – айдоочу Азаттын сөзүн коштоп кетти, – кыргыздын атактуу философун ким билбейт...

– Иним, атың ким? – деди Азат сөздү атайын башка жакка буруп.

– Эсенбай.

– Мурда кесибиң башка го?

Кексээ кишинин суроосу Эсенбайдын талуу жерине тийди, ал ого бетер бажактады:

– Жашымды билгендей муну датаап айттыңыз, кесибим курулушчу, политехти бүткөнүмөжыйырмажылгааякбасты, союз кулаганча борборубуздун курулуштарында иштеп көңкөлүү, үч бөлмөлүү квартиралуу болуп колума дагы бирдеңке тиеринде империянын урандысынын алдында калдым, бир кезде көзүмдү ачсам эч нерсенин дайны жок ай талаада калыпмын, – ал ушул сөзүнө өзү маашыр болуп барсылдап күлүп жиберди, – эсиме келип кесибим боюнча иштейин деп барбаган жерим, ачпаган эшигим калбады, баары эле менден беш бетер ачкадан өлүп баратышкансып акча сурашат, сатайын десем эски машинамды эч ким албайт, баары эле майды аз ичкен чет өлкөлүк маркаларды каалашат, үйүмдү сатайын десем анын акыбети кайтчудай эмес, себеби, кайда барып иштесем да жогоркуларга ай сайын кызылдай сом эмес, доллар же евро сугунтуп турушум керектигин катуу айтышты, акчаны бербей калган күнү көткө тебилет экемин, насыя алып жаңы иш баштайын деп далалат кылдым эле, анын чоожайын жакшы билгендер эсиң барда этегиңди жап дешти да, алган карыздарынан кутула алышпай тонолуп көчөдө калгандарды көрсөтүштү...

Азаттын атын адеп укканда бала башын көтөрүп аны карап денебоюн жазып чыйрала түшкөнсүдү, бирок анын бул абалын эч ким этибарга албады. Эсенбай Жаш Гвардия көчөсүнө кире берерде машинасынын тормузун шаша тээп ыйлап жиберди:

– Караңызчы Азат байке, карапайым калк татым тузга жетпей өлбөстүн күнүн көрүп жатса, көздөрүн май баскан каражемсөөлөрдөн кичинекей кызмат артмак тургай, минтип кең көчөдө жүрө албай кор болдук, – богогун балкылдатып сөгүнүп жиберди, – ушулардын энесин...

– Заман оңолуп кетээр, – деп Азат Эсенбайды жубатымыш болду.

Турмуштун запкысын тарткан Эсенбайдын токтоор түрү жок:

– Качан? Таз такта отурганда аялдамадагы ырчы айткандай тагдырыбыз таш каба берет, бир бүдүр данын калтырбай эгини жыйналып түбү тешик кампага куюлуп кеткен күзгү талаадай кумсарып шорубуздун кайнаганы кайнаган... Мына, Ошко да келип калдык, кайжерге токтоюн?

Аялдамадагы болгон окуялардын баарын бул көрүп– билип турган экен деген пикирде Азат Эсенбайдан тезирээк ажыра– гысы келип:

– Ушерге, – деп тотуккан кара булгаары күрмөсүнүн ички төш чөнтөгүнөн четтери кырылган күрөң намянын апчыгып жол киресин бермек болду эле, Эсенбай анткордоно чебеленди:

– Байке, эл үчүн күйүп жүргөнүңүздү жумурай– журтубуз билет, сизден кантип уялбай жол кире алайын, – машинасынан түшө калып Азат отурган капталдын эшигин ача салды.

– Эсеке, – деди Азат таксиден түшүп жатып, – сыйлаганыңа ыраазымын, эски көңкөң менен кара жаныңды карч уруп үй-бүлөөңдү эптеп багып жүрсөң жол киремди кантип бербей коем, – Ал машинадан чүшкөн соң боюн түзөп кармай чыккан капчыгынан эки жүз сом алып айдоочунун отургучунун оң ыптасындагы орундукка койду. Ал бирөөнүн эмгегинен, ишениминен пайдаланып калууну жек көргөн жан эле. Анын бул мүнөзүн билгендердин көбү “тазасынган, аксынган акмак” деп жактырышчу эмес.

Бала да таксиден Азатты ээрчий түшүп чөнтөктөрүн сыйпалап кызарып кетти, жанында бир тыйыны жок болчу. Азат муну байкап бажырайып күлүп жиберди. Ал баарыдан мурун баланын уяты бардыгына ыраазы болду, аны далысынан тап-тап кадимки атасындай эркелете сүйлөдү:

– Уулум, кеч кыстап базар тарап калса да, – алдыртан балага көзүн кысып сөзүн улады, – мүмкүн издегенибиз табылып калаар, – эми ал Эсенбайга кайрылды, – Эсеке, чоң ыракмат, саламат бол!

Эч кандай окшоштугу жок болсо да карт адам менен баланын ортосундагы нагыз ата-баладай мамиле Эсенбайды да толкундатты көрүнөт отургучтагы акчага көз кыйыгын салып коюп бажактады:

– Азамат, бул атасын бакчу чыныгы уул турбайбы!..

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Абдиев Р., 2010

 


Количество просмотров: 250