Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Дүйшөкө Дөкөнбаев. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күн: 2016-жылдын 28-июлу

Дүйшөкө ДӨКӨНБАЕВ

Тоолор күтөт

(Повесть)

Жаратылыш – адам алакасы, эриш-аркак жашоосу. Тоо арасындагы оор, бирок романтикалуу турмуш. Сейрек тартып кеткен топозчулук жана анын сырлары, жан-жаныбарлардын жашоо үчүн күрөшү, аларга адам таасири.

 

Тоолор… Тоолор…

Көз жетпеген көпкөк асмандын түбөлүк тирөөчүндөй бой керип азууларын арсайтып чалкасынан жаткан эбегейсиз зор жырткычтын жаагын элестеткен ушу керме тоолор качан жаралган, не деген замандарды өткөргөн, кандай байлыктарды койнунда катып жатат деген өңдүү ашмалтай суроолорду мээ чагып чечмелөөнүн ордуна деги эле жер алкагындагы жашоо-шартка, өнүгүп-өсүүгө тийгизген анын таасири, маани-маңызы жөнүндө кыйытып бир ооз сөз менен болсо да эскере кетиш өтө деле ашыктык кылбас. Анткени– алар биздин мекенибиз, алпештеген алтын бешигибиз, канчалаган кылымдар бою кучагына катып чеп катары коргоп да, сактап да, баарынан да мал-баштын жайыл дасторкону болуп берекесин чачып, мээримин төгүп бапестеп багып келатпайбы. Башкасын кой, миң сандаган мөңгүлөрдүн тамчылары булак болуп жылга-жыбыт аралап жылжып агып отуруп акыры барып өзөн-дайрага айланып не деген талаа-түздөрдү басып өтөт да андагы кый -мылдаган бардык жандууларга, өсүмдүктөргө кан болуп өмүр тартуулап келет. Жаратылыштын чыныгы керемети мына ушунда го. Антпесе суусуз жашоо болмок эмес, жер жүзүндө. Демек,тоолор бу жарык дүйнөдөгү өкүм сүргөн тиричиликтин бирден бир башаты, соолбос булагы тура!.. Ошон үчүн биз тоолуктар, тообуз менен сыймыктанабыз! Ошон үчүн аны күүгө кошуп, сөздөрдүн гүлүн тандап ыр кураш -тырып, сыбызгыган мукам үн менен ай-ааламды жаңырта обон созобуз, нечен түркүн кооз боёктор менен кагаз, чий, бөз гана эмес чулу таш бетине чегип элесин түшүрүп сүрөтүн тартып, анын тирукмуш касиет-сыйкырларын даңазалап дүйнөнүн башка элдерине мактаныч катары жар салабыз.

Ошондой болсо да өз койнунда жаралып өсүп-өнүп өмүр сүргөн мүлдө жан-жаны -барлардын, адамзатын кошуп, өмүрү менен өлүмүнүн, жашоо-тиричилигинин, кайгы-капасы менен кубаныч-сүйүнүчтөрүнүн бир сөз менен айтканда алардын тагдырларынын түбөлүк күбөөсү болуп дагы да нечендеген кылымдарды санап менмен-сине бой керип тура берерине эч шек жок.

Ал биздин тоолор, жөлөк да, демөөр да болуп, чексиз деңиздин жээгиндеги жол көрсөтөөр шамдай калкайып карааны алда-кайдан көрүнүп, берекелүү койнун кен ен ачып, берешен, боорукер ак чач энедей ар дайым өзүнө чакырып, кол сунуп бизди күтүп турат. Биз үчүн бул зор сыймык!..

 

***

– Ээ-эй, сүйүнчү-ү! Байке-е… Оо-о, сүйүнчү!

Тэ, төмөндө шалпалаңдап бирөө чаап келе жатты. Дарылдаган үнү капчыгай ичин жаңыртып таш короого жакындаган сайын ансыз да кара терге түшүп зоруга жаздап калган атын чолок шапалагы менен оңду-солду чапкылап итенгендин үстүнө итенген.

– Оо сүйүнчү!.... Байке-е, барсыңбы?!

Артыкбай атын ташка тартып жаңы эле үзөңгүгө бутун илген. Эми бир күүлөнсө шак көтөрүлүп ээрге минмек да жедеп анын ыгына көнүп бүткөн аты камчы сал -дырбай бурулуп тик өрдөштү карай аяк шилтемек –ээсинин кай тарапка барарын ал жакшы билчү. Кыр-кырларды кезип ар кайсы кокту-колот, жылга-жыбыттарда ээн-эркин жайылган топоздорго көз салып, дүрбүсүн ары бери имерип алгачы топтошкон үйрүн, анан ар бирине үңүлүп өңүнөн чыгарып эсебин алат, толуктайт бирин-эки четтегенин, бооздорунун чидээрип оолактап кеткенине көңүл коё карап, керек болсо ага жакындап барып анын боюнан бошоноорун көзөмлдөп, атүгүл кыйналып тууй албай жатканына жетип барып туутуна жардамдаша кеткен учур -лар да болот. Кечээ эле эки күн бою чидээрип жүргөн кашка топозду артынан аңдып жүрүп, түн ооган кезде гана алдыңкы колдору бүгүлүп туураланып калган мамалагын илээшип жатып кыйлада араң сууруп алган. Жарым жапайы топоз да айрым учурда ушинтип адамдын жардамына муктаж, жан-жанбарларда деле тукум улап көз жаруу вазийпасы оңой-олтоң эле өтө койбойт көрүнбөйбү. Артыкбайдын күндөгүсүнөн бүгүн саал кечигирээк атын токуганы да ушундан улам болсо керек. Канчалаган жылдардан бери бирге болуп үн чыгарып сөз сүйлөшүшпөсө да ээсинин не кылаары, кайда, кайсы жерге барары, кайсы убакта кандай абалда көз кайкыган кызыл зооканын түбүндөгү ушул таш короого кайтып келишээри ага бештен белгилүү. Аяк тарабы жазылып-жайылып кеткен ушул терең капчыгайдын ийрелеңдеген булуң-бурчтары, түзөң-тайпалары, күр-шар түшкөн дайра бойлой биринен сала бири тизмектешип тиги эле бийик аска-зоолордун этек-жеңиндей чубалышкан дүгдүйгөн жондору, кокту-колоттор, андагы бирин-серин кирбийген жапыз тамдар, короо-сарайлар жедеп көзгө көндүм болуп бүткөн. Эми алардын кайсынысында малчылар бар, узакка созулган кыш бою кайсынысы бош, адамдарсыз, малсыз ээн калганын да жаземдебей билет. Ээсинин эрки менен басыгын улаган ат ал тарапка баш бурбайт. Алардын барар жери дайын-бирин-серин кишилер жүргөн короо-жайлар. Андай жерде өзүнө окшоп токулган аттар, тегерек те жайылган малдар бар, андагы жылкылар менен окуранышып,үн алышып жытташкан болот, аларга барганда.Төлүй эле четте жүрүп ат да жалгызсырайт окшобойбу.Топозчу Артыкбайдын короо жайы өтө эле жогору, өрөөндү теңге бөлгөн чоң суунун тиги эле башатында.

– Сүйүнчү, байке! Жеңем аман-эсен көз жарды!.... – тиги жаңы эле аттанып жаткан үй ээсин алыстан байкап атынын оозун секиге карай бурду.

Чапек! (Атасынын азан чакырып койгон аты Чалабай, өзүнүн чебелектеп, керек болсо да, болбосо да отко-чокко түшө калчудай учуп-күйгөнүнөн улам ушул атка конгон.) Көп жылдардан бери сырт өрөөнүндөгү малчыларды тейлеген маданий борбордо кароолчу, мекемеге бекилген саан уй, бирин эки майда мал, мингич аттарды көзөмөлдөп, андан тышкары аяк-учу жок майда кара жумуштун баары анын мойнунда, ансыз бул чакан мекеменин иши жүрбөйт. Түбү Артыкбай менен бир уруудан, туугандашып ага-ини катары мамиледе.Аялы контор,мектеп, жатака -нанын полдорун жууп тазалайт,окуу башталгандан тартып интернаттагы балдарга тамак жасап, алардын төшөнчүлөрүн тейлейт. От жагып ал жердегилерди жылуу лук менен камсыз кылган да ошо, күйөсү экөө.

Артыкбай негедир өкүнгөндөй күрсүнө үзөңгүдөн бутун тартып алып атын жонго бир салды камчысы менен –эртең менен ээрге толук минелектеги кабар анын өз түшүнүгү боюнча анча деле кубанычты алып келбейт, жөн жай гана айтылган сөз катары. Ал эми атка толук мингенде, болбосо үйдөн жаңы гана сыртка баш бакканда айтылса о, анда купулуна толгон манилүү кабар укмак, чыныгы кубаныч ошондо болмок.

Тоо арсында жалгыз-жарым жүргөн адам ырым-жырымга өзгөчө жакын болот көрүнбөйбү...

– Кырк жылкы!.... Кыздуу болдуң байке!.... Кыз...

Артыкбай өзүнчө санаркай түштү: деги эркек уулду болдуң деп сүйүнчүлөгөн күн келээр бекен?..

– Болсун... – ооз учунан күңк этти.

Тиги атынан ооп түшүп майталаңдап жетип келип кош колун сунду. Быш-күш түшүп моюн-башынан тер куюлат, аты жок эле тиги маданий борбор деп аталган ортолук жайдан бери жөө чуркап келгенсип.

– Эки сутке катары менен толготуп жатып бүгүн таңата көз жарды, жеңем. Ойда кыйналды белем, байкуш жеңем. Келиниң да күнү-түнү анын жанынан чыккан жок, тиги акушер аял экөө тең суй жыгылышты окшойт. Анан... жанагы... эмне эле аты? Ошонусучу... Аял төрөткөн керебети дейби? Сынып жараксыз болуп калыптыр, эски да. Жеңем байкушту ары жаткырып, бери жаткырып эки күн төрөтүшө алыш -пагандан кийин догдур эже урушуп жатып мени үстүлөрүнө кийришти. Анан мен жеңемди колтугунан алып салаңдатып көтөрүп турбадымбы. Салмагы да бир топ экен, аз жерден түшүрүп жибере жаздап араң чыдадым. Анын үстүнө... карабагын дешип башыма баштык кийгизип коюшкан.

Артыкбай аны ормоё карады, төрөп аткан аялдын үстүнө эркекти киргизди деге -ни өөн угулду кулагына.

– Баштык? Ал эмне баштык?

– Жанагы атка жем берген торбочу? Ошону кийгизип коюшпадыбы... Эмнесин айтасың байке, жеңем менен чогуу толгоо тартышкандай эле болдум. Кетпеген жеримден тер кетти, өзүмдү араң эле кармап турдум. Ээ байке, эмнесин айтасың, бу төрөтүң кудай аткырдыкы,тозоктун тозогу азаптын азабы эле болот тура. Жеңем чирээлеп аткан, анан бир убакта эле ба-а деп баланын үнү чыгып калды, чочуп кетип мен да бакырып ийип жеңемди таштай салып сыртты көздөй атып жөнөпмүн. Каңк этип кашекти сүзүп алып аз жерден чалкаман кете жаздап барып араң оңолбодумбу. Балээ баскан баштыгы эсимен чыгып кетиптир. Чекемдин томуйганы алигиче тарай элек. Карачы! Байкебай, экинчи толготкон аялдын үстүнө кирбей калайын. Окус, кудай буйруп жеңемдин боюна дагы бүтүп калса, айланайын байке төрөрүндө баарын таштап салып өзүң бар, өзүң төрөтүп ал жеңемди. Макулбу? Ошент, мен экинчи төрөт үйүнө жолобойм, кудай урсун!.. Жетет ушунусу эле, мага...

Чапектин чалду-куйду сүйлөгөн сөзүнө мурутунан жылмайып:

– Аман-эсен көз жарып алганы абзел болуптур… – деди Артыкбай.

– Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы байке, неси болсо да жеңемдин ичээр суусу али түгөнө элек экен. Онтогонун, бакырып чыңырганын уккан адам жанына турал байт. Алигиче кулагымдан кетелек. Кечинде эле өзүңө чаап келейин десем тиги менин шефим урушуп койду: күйөөсү келгенде аялы менен кошо толготушмак беле, ал малына көз салсын, чыйпалактабай сен өз жумушуңду жаса-деп

– Болуптур эми... Үйгө кир!

Атынын тизгинин мамыга илип бир кылка шырыктан сомдоп салган жалгыз ооз жапыз үйдү карай басты. А Чапек болсо жаагын жанып кобуроодо, кыясы өткөн түн ага катуу таасир эткен көрүнөт:

– Бала түшкөндөн кийин да жеңем көптө барып эсине келди...

Артыкбай төр тарапка өтүп чала жыйылган жүк арасына кол сойлотуп издеп жатып аз өтпөй бир бөтөлкө аракты сууруп чыкты.

– Ме,бөлө куй!..

– Бешик боосу бек болсун кызыбыздын!

– Айтканың келсин...

Кеселерге мелт-калт куюлган аракты шыпкай жутуп жиберишип бири малакайын жыттап экинчиси дасторконго кол созду... Эти ооруксана баштаганда эле ээн тоонун арасында алда-кандай болуп кетет деген ой менен мындан бир жума мурун төмөндөгү маданий борбордогу төрөт үйүнө жет кирип таштаган аялын, Артыкбай. «Эркек төрөй гөр. Эркек болсо экен!» – бүт дити менен ичинен ой жоруп жүргөн эле ошондон бери. « Ка-ап, болбостур...» – кеберсиген эриндерин кырча тиштеди.

Борбор кыйла төмөн, үч-төрт тумшук айланып, салт ат менен суу бойлоп эки саатча жол басыш керек. Ал жерде акушердик пункт, ушул сырт өрөөнүндөгү жаш -аган малчылардын оору-сыркоолорун кабыл алып, аялдарын төрөткөн догдур аял да бар. Күйөөсү ошол жердин чоңу. Интернаты менен башталгыч мектепти да өзү тейлеп, кээде мугалимдик да кылып жиберет. (Алыскы сырт өрөөнүнө кайсы эле мугалим келе койсун, жалгыз-жарым бойдок эле неме болбосо.)

– Ой, байке! Сүйүнчү бербейсиңби? Ишимдин баарын таштап салып ошончо алыстан бери атайы чаап келсе...

Жуткан арагы кеңилжээрине жаңы чыгып ыктыта баштаган Артыкбай бети-башын тырыштырып кол шилтеди.

– Тоо башында жүрсөк кайдагы тыйын... Бир мамалак алаарсың, сүйүнчүңө!

«Эркек!» – деп кабар айтып келгениңде бир тай дебейт белем, найсап десе»

– Оо! Рахмат байке, рахмат... Кызыбыз өмүрлүү, бак-таалайлуу болсун! Ошо карындашыбыздын сый-урматын көрүп, узун өмүр сүргүлө жеңем экөөңөр! Май көтөн кыз болуп артынан ини – синдилерин ээрчите келсин. Оомийин...

Экөө алакан жайып жүздөрүн сыйпашты.

– Баса... – тиги атын көздөй баратып кайрылып токтой калды. – Кызга эмне деп ат коёсуң, жеңеме айта барайын. Чыгаарында кагаз да жазылат эмеспи...

Атынын басмайылын тартып жаткан Артыкбай бурулган жок:

– Катын өз билген атын коё берсин. Кызга эми... ат табылаар...

Чала-була коштошуп экөө эки тарапты көздөй бастырып кетишти.

Кезинде Артыкбайдын атасы да ушу сыртта топозчу экен. Малына чын пейли нен ак ниет менен карап орден да алган дешет, учурунда. Армиядан келип үйлөнүп Артыкбай оорулуу атасынан анын бүт малын өткөрүп алган эле. Андан бери он жылдан ашып калды көрүнөт, ошондон ушу күнгө сыртта. Атасы окшоп кырс, бир мүнөздүү, айтканынан кайтпайт. Мал дегенде ичкен ашын жерге коёт, малсыз тур албайт дешет аны жакын билгендер. Айылда болсо атасынан калган жалпак боз там,каралбай жылдан жылга жапыздагандын үстүнө жапыздап барат.

Кайсы бир жылы колхоздун башкармасы келип калганда Артыкбай ага үй салуу жөнүндө өз оюн айтканда ал иштиктүү кол серпип:

– Сен иним үйдөн кам санаба! Чарба эсебинен келишкен үй салдырып берем! Ишенип кой! Башыңды оорутуп эмне кыласың, андан көрө малыңды жакшы бак. Үй маселеси оңой эле...-деп жооткотуп койгон. Алыскы сырт өрөөнүндөгү топоздорду бакканга эмес жайкысын жайлоодо, кышкысын айылга жакын кашарларда кыштаган койлорго малчы табуу кыйын болуп калган кийинки кездери. Кимге барып жалдырайт? Жаштардын көпчүлүгү суутуп койгонсуп шаарды эле көздөй качышат. Мал багайын деген бир да бирөө жок. Баары эле мойюндарына галстук байлап алышып ач-жылаңачына карабай шаарда жүргүлөрү бар. Уят – ар дегенден эч нерсе жок, найсаптарда.

Артыкбай куру сөзгө алданганын кийин билди, эки-үч жыл өтпөй башкарма ишинен түшүп калып анын ордуна бөлөк бирөө келген. Артыкбай аны менен тактап сүйлөшө да элек, ылайыгы келип.

– Үй салып беришет,ал жагынан кам санаба.-деп жөнү жок чыйпылыктаган аялын соороткон болот.. -Эмгегин эске алып орденге жазыптыр, жакында облустун борборуна чакырып чоң жыйында тапшырат экен деген кабар тарады, өрөөнгө. Анда иштегенине беш жылдай болуп калган. Андан кийинки жылдары дагы эки жолу сыйланды.

– Анысына да рахмат! Дитиңди коюп иштесең эмгегиң ушинтип бааланат да. Неси болсо да эл катарынан калтырышпаса болду.

А чыны үйдөн да, сыйлыктарданн да Артыкбайдын көбүрөөк тынчсыздаганы перзент көрүү, эркек балалуу болуу эле. «Ата-а, эркек төрөлсө тукумумду улап, боор көтөрүп эс тартканда өзүмө да жардамчы болбойт беле...» – Кез кези күрсүнө кобур кагып калчу.. -Буюрган бала тургандыр эми... – аялы ичтен шыпшынат.

 

Аялынан көңүлү тынган Артыкбай түшкө жакын тоодон топозду мамалагы менен короого алып түштү, чыгып келишсе байбичеси менен кызына сүт керек болот да.

– Ыя кашкам! Хе-хе! Эсебиңден жаңылдыңбы же эсиңден тандыңбы, ыя?.. – Эки күндөн бери тууй албай чидээрип кыйналганынан болсо керек, анын үстүнө ачка да, кашка топоздун көздөрү чүңүрөйүп ары кирип кетиптир. – Быйыл эркек туушуң керек эле, ыя?.. Былтыр эсиңдеби ургаачы туугансың, мурунку жылкы мамалагың букачар болуп жүрөт, азыр. Кызы-ык… Же менин аялым экөөң өзүңөрчө сүйлөшүп алдыңар беле, ыя? Хе-хе... Ал дагы кыз төрөптүр… Сенчилеп абдан кыйналды дейт. Өлүп эле тирилиптир, байкуш. Деги бу толгооңор жаман экен!..

Энесинин ууз сүтүнө борсоё тойгон мамалак ары бери телчиген болуп дүйнө таануу менен алек: ага эми баары кызык, жыттамыш-жаламыш этет, айлана-чөйрөсү нө таңдана көз жиберет. Эрмеги эле энесинин желини, эки ууртунан ак көбүк буртулдайт.

– Э кашкам, ушу сенин сүтүңдүн касиети өзгөчө күчтүү. Карачы, жарыкчылыкка жаңы келген мамалагың кадимкидей телчигип эми саам өтпөй оюн салганга кирет. -– Артыкбай жаш музоонун тумшук-башын сылап эркелеткен болду.Жүндөрү да толук кургай элек, ошентсе да кишиден качкан болуп энесин карай ынтылат. А энеси болсо бейкапар,эки күндөн бери бир тал чөп кыркпай жедеп өзөөргөн неме эптеп курсак тойгузуу менен алек, өзүн өлүмдөн алып калган адам баласы эми мамалагына деле жамандык кыла койбос деген тейде. – Негизи жаратылыштын бул кудрети да туура,– Башын ийкеп Артыкбай өзүнчө үн катты, ээн жерде жалгыз жүргөндө мал-жан менен баяаар сүйлөшүү башынан анын адаты, ат үстүндөбү же мал арасындабы ага баары бир, үн салып кобураганы кобураган. – Андай болбогон күндө жанагы кашабаң, чөөлөр жана да ошого окшо гон желмогуздар силерди, башка жандыктарды бүтүндөй тукум курут кылмак. Көчүктөн түшөөрү менен тез жетилип, телчигип кичине эле коркунуч болсо энесине эрмешип качып кутулуп кетишет, ошентип аман калат төлү. Укмуш!.. Анткен менен оо, бул чоң касиет! Касиетиңден айланайын жаратылыш умай энедей болуп койнундагы жандыктарына өтө аяр, өзгөчө камкор го, чиркин...

Топозго жаңылап чөп салып жатып анын эсине аялы, жаңы төрөлгөн кызы түшө калды. Кантип калды экен? Кыз да ирдүү экен дейт ошондон улам төрөй албай кый налды го, байкуш байбичем. Эми... көз жарып алып эсин жыйып калгандыр, мына бу кайберенге окшоп. Ошентсе эле болду.

А мамалакта тыным жок, аяк шилтеши улам иргелип, ичке туяктары жерди батыл басып, кээ-кези сөлтөң этип оюн салымыш болот. Андан көзүн албай карап турган Артыкбай өзүнчө маашыр.

– Хе-хе!.... Эй. алгачы тыңыраак басып алчы, оюн салганды эмне кылат экенсиң... Жерге түшпөй жатып оюнкарактыгын кара, мунун...

 

Чоң дайра теңге бөлгөн өрөөн ичине көз жиберип алды Артыкбай. Аяк-учу көзгө илешпеген арсак тоолор, сансыз кокту капчыгайлар, керилген жайыт-жылгалар, жыландай ийрилген майда өзөн-суулар,жашыл тукаба жамынып жаңы гана кулпур уп келаткан мелмилдеген түздөр жайы-кышы дебей көп жылдардан бери ушул чөл көмдө өмүр өткөрүп жедеп ашмалтайы чыккан көнүмүш көрүнүш болуп калса да бул сапар ага башкача баамдалып, кандайдыр өзгөчө кооз көрүндү. Ушул тапта Артыкбайга жылт эткен күн нуру да, тытылган кийиздей самсаалаган сур булуттар да көңүл көтөргөн ажайып кубулуштай сезилип, көөдөнүн белгисиз эргүү ээлеп турду. Маңдайында сереңдеген жаш музоо да кошул – ташыл болуп өзүнчө эле делөөрүп кобурап жатты:

– Кызымды мен эркек баладай кылып багып өстүрөм! Тарбиялайм! Эркек баладан кем болбойт. Илгерки Жаңыл Мырза, Сайкал эжелериндей балбан да, баатыр да болот. Эч нерседен кайра тартпаган, коркуу дегенди билбеген кайраттуу да болуп өсөт, кызым. Анын эмне кыйынчылыгы бар экен? Байыганча кашка топоздун сүт-айранын ичип, курут-майын жейт. Витамин эле керек болсо аларың тоо ичинде толтура: ышкын, согон, текей, көбүргөн,тоо пияз, бүлдүркөн, бөрү карагат деген дер эми жарым ай өтпөй эле биринин артынан бири жайнап жетиле баштайт. А эт маселеси турат дечи, «Улуу тоого чыккан барбы, улар этин жеген барбы?!» деген сөз бекеринен айтылып жүрбөгөн чыгар, канча кеселге дары болуп, шыпа берген кайберен, башка канаттуулардын эле канча түрү бар, уларды кошпогондо?.. Неси болсо да Алла Таалам өмүрүн берсе экен, жарыкчылыкка келген чүрпөмдүн. Жеңилимди жерден оорумду колдон алган жардамчым болсо болду, өзүмө.

Артыкбай колдорун ушалап өтө жооптуу ишке бел байлагандай тамагын кайра-кайра жасап алып ордунан туруп кетти, шарт. Бирөө зордобосо да бир нерселерди ойлоп таап өз алдына кандайдыр максат коюп убакыт өткөрүп, ошо менен алекте нүү анын башынан келаткан адаты эле. Оюна келгенин бербеген көк адам гана иш кер да, аракетчил да болот эмеспи.

Эми аны келечек көрсөтөр... Жылдар болсо өтүп жатты жылып.

 

***

Жаңы окуу жылы башталаарга бир айча калганда сырт өрөөнүндө туруктуу катары жашашкан малчыларды, мергенчи,башка токой кайтаргандарды кыдырып, алардын окууга барчу балдарын эсепке алып жүргөн райондун өкүлү, өзүнөн кыйла жаш эле жигит экен Артыкбайды короосуна чейин атайы издеп келип катуу уялт -ты алгачы, бир аз өкүлдөп коркуткан да болду.

– Э кокуй аксакал, өзүңүз канча орден– медалдардын ээси, депутат, райондогу мыкты адамдардын бири болсоңуз анан минтип кызыңызды тогуз жашка чыкканга чейин мектепке жибербей үйүңүздө кармап жүргөнүңүздү кандай түшүнүүгө болот? Бул деген партиянын элге билим берүү боюнча жүргүзүп аткан саясатына түздөн-түз каршы чыгуу дегендик да. Чынбы? Мындай факт эч бир райондо жок! Билесизби, бул үчүн жөн эле соттолуп кетсе болот. Атайын статья да бар! Түшүнөсүзбү?! Мамлекет деген ушу силерге окшоп алыскы тоо арасында жашап, иштеп жаткан адамдардын балдары үчүн маданий борбор ачып, ал жерге мектеп куруп, атайылап мугалим жиберип аз санына карабай болгон балдарга билим берүүнү уюштуруп камкордук көрүп жатаса а сиз байбичеңиз экөөңүздөр тогуз жашка чыкканга дейре кызыңарды окууга жибербей үйдө кармап отурасыздар. Уят!... Райондун чоңдору укса эмне дейт?!..

– Тогузга деле толо элек, дагы беш ай бар тогузга чыкканга.-деген болду Артыкбайдын аялы дасторкон жайып жатып.

– Жети жашка толгон бала мектепке барышы керек, эже. Менин таңгалганым, былтыркы жылы эмне үчүн эсепке кирбей калган кызыңыз? Өткөн жылы да ушул жерде тургансыздар да, ушундайбы?

– Былтыр бизге эч ким келген эмес.

– Өтө эле алыс жашайт турбайсыздарбы, бул жакка жеткенче көчүктөн көчүк калган жок окшойт,атым да абдан чарчады. Баары бир келиши керек эле, барганда териштирем го. Эмгек акыны тыйынына чейин санап алабыз, а ишке келгенде мин -тип чала бүтүрүп коюп баса беребиз. Бул жарабайт!.. Жакшы эмес.

Артыкбай мурутунан күлгөндөн башка лам деп үн чыгарган жок, тиги жигиттин сөзүнө макул экенин билгизгендей анда-санда баш ийкеп коёт, кантсе да өз күнөсүн өзү сезип отурду көрүнөт. «Бир-эки жыл кеч барса эмне болмок эле? Мага жардам берсин! Анын үстүнө бул сырттын окуусу канчалык дейсиң?! Кийин деле окуп алат да. Арип окуганды мен деле үйдөн үйрөтөм!» – деп аялынын айткан сөзүн көңүлгө түйүп анча элес алган эмес, учурунда. Өчөшкөндөй убакыттын мынчалык тездик менен өтүп кеткенин кара...

Ушул маалда сырттан шыңга бойлуу өспүрүм кирип келди, ооз учунан салам айтып.Төрдө отурган жигитке бир ирет кызыга көз жүгүртүп алып белкурун чечип күрмөсүн, башындагы жазы кырбылуу кепкасын мыкка илип энесинин катарына отура кетти, бөк түшүп. Шымы бырышып-тырышып ат минип келгени байкалып турат,кыл-кыбыр да жабышып жүргөнсүйт, ар кай жерине.

Алиден бери өспүрүмдүн ар кыймылына көз салып отурган мейман Артыкбайга бурулду:

– А бу... жигит ким? Сиздин жардамчыңызбы?

Артыкбай баш көтөрүп өспүрүмгө карап койду, москоол жүзүнө жылмаюу чачыр -ай түшкөнсүдү, кыязы тигинин «жигит» деген сөзү жага түштү окшойт.

– Ии... бу... жанагы силер издеп келген кызыбыз ушул. Токенай аты. Токе деп чакырабыз. Ошончодон да чоң таятасын тартып калыптыр тартайып.А киши учурунда дубанга аты чыккан чоң балбан болгон экен! Өлөр өлгөнчө далысы жерге тийбей өттү деп айтып калышчу, жарыктык кишини көрүп-билгендер. Ошо таятасынын арбагы колдоп эл катарына кошулуп буюрса чоңоюп келатат. Эми мектебине да барат го, окуу башталганда. – кызынын устара менен кырып алган такыр башынан сылап койду энеси. – Чай ичкиле! Азыр куурдак да даяр болот. Туруп казанды аралаштырып койчу,асты күйүп баратат окшойт.

Куурулган эттин жагымдуу жыты каңылжаарды өрдөп отургандардын сугун артты -рат. Токенай кайра келип ордуна отурары менен атасы ага үн катты:

– Мал ордунда бекен? Ит-куш тийбептирби? Эмнеге кечке жүрдүң?

– Ордунда эле жүрүшөт, жайылып. Көк буканын үйрү гана тиги Ичке-Сайга түшүп кетиптир, ошолорду издеп...

– Анан баары түгөл бекен?

– Түгөлү түгөл эле экен...

Баланын сөздү толук айтапаганын сезе койгон атасы башын буруп ага ээк какты:

– Анан?

– Анан... жанагы Алакөздүн мамалагы аксаганынан кармап алып шишиген бутун карайын десем энеси улам эле жетип келип качырып сүзгүлөп...

Апасы кызын жалт карады?

– Сүздүбү анан сени?

Өспүрүм баш чайкап чулуң этти.

– Эмнеге сүздүрмөк элем?! Сүзүп эле көрсүнчү!!

– Ал ошондой чатак топоз, ат менен да айдатпай коёт кээде. А мамалактын буту эмне болуптур? Жакшылап карадыңбы?

– Карадым. Алдыңкы колдун салаасына урчук таш кирип сайылып калыптыр. Чыкпайт, сөөгүнө чейин кирип кетиптир. Элтеп жатып алып салдым. Жууп тазалап таңып коёюн десем энеси болбой... коркулдап келип улам эле качырып калат. Буту оорубай калды окшойт, мамалак да карматбай койду...

Атасы ага ыраазы болгон түр менен башын ийкеди.

– Азыр тамактан кийин барып жууп-тазалап, жакшылап таңып келебиз бутун. Чайыңды ич!

Астыртадан сөз тыңдаган жигиттин көзү өспүрүмдө, анын айткан сөздөрүнө таңдануусу артып улам кызыгуусун туудурат. Жалгыз өзү корккпой бийик аска-зоокаларды аралап, тик кокту-колотторго түшүп чачыраган малдарды тосмолоп иреттеп атүгүл аксап калган музоосун кармап алып жардам берип келгенине ишен -ип да, ишене албай да отурду. Буга теңдүүлөр экинчи классты жаңы бүтүрүштү, ат минип алып жалгыз ээн тоону аралоо алар үчүн ойго да келбеген иш, коркушат. Көнүшкөн эмес. Өспүрүмдүн ысылы-суукка тотуккан жүзү чытырап, эч нерседен тартынбаган көздөрү ирмелбей кимге болсо да тике карайт, жалтанып-жазгануу деген жокко эсе. Сөөк-саактуу, кыздыкындай эмес манжа-билектери жоон, жең ичинен буртуюп чың булчуңдары байкалат.Бир караган адам аны кыз деп айтпайт, борбоюн көтөрүп он төрт-он бештерге келип калган эркек бала дей турган. Көз кыйыгын салып кыз дагы төрдө отурган жигитке карап коёт кез-кези, мени эмнеге издеп келди экен деген кыязда.

– Токенай, бу агайың сени окууга барсын деп келиптир. Барасыңбы? Сен... жети жашка толгондо эле мектепке барышың керек эле, атаң экөөбүз сени жибербей...

Жигит чынысын коюп сөзгө аралашты:

– Сени менен тең балдар окуу жылы башталганда үчүнчү класска барышат. Эми кантип өзүңдөн жаш кичүү балдар менен чогуу отурасың? Анын үстүнө боюң да узун экен, ия? Сабактан да артта калдың.

– Токеним мектепкте окугандардан кем калышпайт. Китепти шар окуп, эсепти да чыгарганды үйрөнүп калды.Тиги маданий борбордун башчысы Жүзейге караганда алдаканча сабаттуумун го мен, орто билимим бар. Ал болсо жетинчи эле классты бүтүрсө керек, Буга чейин айылда почточу эле болуп жүрчү. Кээде ошол окутуп калат экен, интернаттагы балдарды.

Тиги жигит калбаат баш көтөрдү:

– Жүзей Исаевич штаттык расписаниеде мугалим болуп каралган эмес, жөн гана маданий борбордун башчысы катары дайындалган. Мугалимди бул жакка биз жиб -ерип турабыз да. Кээде эле мугалим ооруп же бир жакка кетип келбей калганда эле болбосо… Штат боюнча бул карлик мектепке бир эле мугалим каралган, окуучу -лардын жалпы саны он беш – он алтыга да жетпейт.Эптеп төртүнчү класстын про -грамммасын өздөштүрүп алышса болду.

Артыкбай ага кошулган да, башка сөз да айткан жок, бул учурда ал өзүнүн Токе сине (Атасы ат койбой койгондо:«Тоо арасында жүрүп кыйналып жатып төрөп алган кызымдын аты «Токен, Токенай болот!»-деп энеси кагазга жаздырып катта -тып алган. Артыкбай бир ирет да кызым деп айтпай ар дайым Токе деп чакырчу.) көңүлү жибип, бир кездерде алдына койгон максаты ишке ашып анын чыныгы эркек баладай өзү менен теңтайлашып өсүп келатканына көңүлү жибип ичинен курсант болуп отурган. Бул сапар дагы бир көргөн эле киши Токесин жигит деп аташы да аз да болсо кубандырып койду аны. Өкүнүчтүүсү окуу жылы башталары менен төмөнкү маданий борборго кетет, ошол жердеги интернатка жатып окуусун улантат. Каникулда анан базар күндөрү эле келип кетпесе... Өрөөнгө кар оор түшүп жол бекип калса келбей калышы да ыктымал. Жардамчысынан ошондо анык кол жууйт окшщойт...

Токенай дээрлик атасынын кароо-тарбиясында болуп өстү, ал малга чыкканда тоодон куру кол кайтчу эмес: даамдуу, өтө ширин жер-жемиштерге кочуушун толтуруп,аларга тойгузганы аз келгенсип эрикпей отуруп алып сыгып-майдалап ширесин чыгарып чүрпөсүнүн суусунун кандыруучу.Колго кармалган тоодак, улар, кекилик, кыргоол окшогон түркүн парандалардын аягы үзүлчү эмес үйдөн,топозду– куна караганда канаттуулардын жумшак, анча майлуу эмес эттерин бала дагы там шана жечү.Алардан не бир ширин тамак-ашты жасачу, апасы да.

Аягы жерге тийип тамтуң басып боор көтөрө баштагандан тартып Артыкбай Токени дээрлик койнунан түшүргөн жок, ичик-чепкендин этегине жылуулап ороп өңөрүп алып тоого көтөрүлүп кетет, малын кыдырат кыр-кырларды ашып, жондордун көк майсандуу түзөң белестеринде оонап жатышат,ойношот, кыскасы кечкеаны менен бирге.Кылтакка түшкөн майда жандыктардын эттерине тоо пияз, жапайы ашкөк, көбүргөн жана башка жемиш-чөптөрдү кошуп шишкебек, ташкордо бышырып курсак тойгузушат. Ичкендери тиш какшаткан мөңгүнүн мөлтүр суулалары, жуунгандары далай оорууга даба,канчалаган кеселге шыпаа болучу ысык булак–көлмөлөр. Сыркоо адамдар издеп, тиги алыстагы айыл-кыштактардан бери аттуу-жөөлүү болуп келишип жатып-конуп даарыланып кетишет, жай айлары. Өз гөчө муун, сөөк, кычытма, ачык-туюк жара окшогон оорууларга себеп дешет бил гендер. Аш казандары ооруп, ич өткөк, тамак сиңбей кыйналган кишилер кадимки дей жакшы болуп кетишет экен. Ансыз деле жайлоонун белден бурган не түркүн жашыл тулаңына ыксыраган бээлердин сүтү, алардын буркураган кымызы жабыр тарткан жанга арыбаган кубат, эргиген дем берген табылбаган дары го

Деги мындай кереметке касиеттүү тоо арасы гана ээ болсо керек.

Мына ушундай шартта дени сак, табылгытыдай чымыр болуп чоңойду Токенай.

– Эгер кат таанып, өз алдынча эсеп чыгарып калса балаңарды балким дароо эле экинчи класска отургузабызбы, бою да бийик экен? Бу жакка келип иштей турган мугалимге айтам, текшерип көрүп анан бир жыйынтыкка келээр. Азырынча ылай -ыктуу кандидатура да табылбай жатат, бул жактын шарты оор эмеспи. Дароо эле төрт классты бир окутуу өтө кыйын – жигит саал ойлонуп калды.

– Эми айланайын, кызыбызды кайсы класска отургузасыңар ал силердин иш го, эптеп өзү теңдүү балдарга кошулуп окуп кетсе эле болду.

Атасы үн каткан жок. Токесинин окуудан деле камчы салдырбасына ичинен ише нип отурду: «Тың, эч кимге жемин жедирбейт. Өзү теңдүүлөрдү жөн эле баш ийдирип алат, башкаларына деле оңой менен моюн бербейт. Баселкеде жакшыраак үй болгондо ошояктан окутат элем. Эми бир барганда маселени кабыргасынан койбосом...»

«Эми бир айдан кийин маданий борбордогу мектепке барып балдарга кошулам. Алар менен чогуу окуйм, ойнойм. Алар мени кандай кабыл алышаар экен, жапайы деп менден чоочулашбаса болду. Баарыбыз тең интернатта бирге болобуз да...» — деген ойдо отурду Токенай.

 

***

Артыкбай жакадан кеч кайтты.

Облуска чогулушка барган. Эмгек алдыңкылырынын жыйналышы экен, ичкериден атайы бир чоң келип сөз сүйлөп мактап жатып алгачкы сыйлангандардын катарында Артыбайга орден тапшырды.

– Алыскы тоо арасында, табийгаттын кыйын шартында жарым жапайы болуп эсептелген топоздон жүзүнө жүз баш мүзоо алат деген чыныгы баатырдык! Мын дай эрдик көрүнгөн эле адамдын колунан келе бербейт. Элибиз өз ишин мыкты билген, өз кесибинин чебери сиздей азаматтары менен чын жүрөктөн сыймыктанат. Алган сыйлыгыңыз кут болуп, ийгилигиңиз арта берсин!!..

Килейген зал шаңдуу музыкага толуп дүңгүрөгөн кол чабуулар шыпты биротола көтөрүп кеткендей болду.

– Чыныгы эрдик бу! Эртеңки күндүн Эмгек Баатыры!.. – облустун чоңу анын колун алы жеткенче далайга силкилдетип жатты. – Чын жүрөктөн куттуктаймын!!

Райондун жетекчиси, колхоздун чоңдору да куру калышкан жок. Сыйлангандарды куттуктап сый тамак да уюштурулду. Мактоолор, ар кандай кошомат катары айтылбаган сөздөр калган жок,

Сый эмгекке жараша болот эмеспи, саргара жортсоң кызара бөртөөрсүң деп бекеринен айтыптырбы?!

Нечендеген бороондорго тушугуп, аты жүрбөй калса жөө-жалаңдап аска-зоо, терең капчыгай жылгаларды биринен сала бирин кыдырып, буюккан, бөлүнүп кеткен топоздорду издеп таап чогултуп, ит-куштан коргоп аман асыраш оңой бекен?!

Куут, туут учурундачы? Бирин-серин болсо да оору-сыркоосун дарылап, жалгыз-жарым бөлүнүп чидээригенин кароо, тууса туугузуп кайтып үйрүнө кошуу – мунун баары билгичтикти, жөндөмдүүлүктү гана эмес өзгөчө өжөрлүктү да талап кылат, анткени чыдаган адам гана чыдайт мындай ишке.

Мал багуу жөнөкөй кесип эмес, ал эми алыскы тоо арасында жалгыз бүлө болуп жашоонун өзү эле чыныгы тобокелчилик эмеспи!..

Бул жакка жөнөөрдүн астында чарбанын жетекчисине кирип дагы бир ирет ага өз өтүнүчүн айтты, Артыкбай:

– Үй салганга жардам бериңиз. Атамдан калган эки көөмүт үй кулаганы турат. Дубалдары сокмо эле, жыгач-ташы да чирип бүтсө керек. Ошону түртүп салып ордуна эле ошого окшогон чакан үй куруп бергиле. Акчам деле жетишет. Кызым чоңоюп калды, бул жактын мектебине келип окуйт эле, үй болгондо... Эгер чарба нын мүмкүнчүлүгү жетишпесе эки-үч айга жардамчы жибериңиз, келип өзүм деле...

Башкарма колун көтөрүп андан ары аны сүйлөткөн жок, дароо эле прорабды чакыртты:

– Эмдиги жаздан баштап бу биздин болочок баатырыбызга арнап бардык ыңгай лыктары бар беш-алты комнаталуу үй салып бересиң! Эски үйдү түртүп таштап анын ордуна... Маселе түшүнүктүүбү?

Тиги башын ийип кол куушурду.

– Хоп! Сиз айткандай болот.

Ошентип Артыкбай жакадан кубанычтуу кайтты. Баса,жасаган эмгегиңди ушинтип баалап, айткан сөзүң да аткарылып турса ким ыраазы болбосун, бүтүндөй дитин коюп, ким берилип иштеп бербесин?! А иштөөгө болсо толук шарты бар, кылчак -тай турган себеби деле жок.

 

Окуу жылы башталаары менен апасы Токенайды маданий борборундагы мектеп -интернатка алып келди. Башка ата-энелер да балдарын алып келишкен экен, бирин бири тааныган болдар ызы-чуу эле түшүп калды. Токенай гана аларга кошулбай жатыркаган тейде апасынан жанында турду. Баары эле ага кызыга карашып, өздөр үнчө шыбырашып сүйлөшүп калышат.

Мугалими окуу жайды жаңы бүтүрүп келген жаш кыз экен, анткен менен тыпыл -дап өз ишине тың көрүндү, ар кайсы кокту-колоттон келген малчылардын балда -рын класс-класска бөлүп отургузуп,алгачкы ирет мекиепке келишкен төрт баланы акырына калтырды. Алардын арасында Токенай да бар эле. Берки үчөөнө караган -да тартайып бою да узун, тигилерден улуу экени да ачык эле байкалат. Үстүндөгү кийми да башка: башында кепка, жинсы шым, үстүндө чолок күрмө, бир караган адам аны сөзсүз эле эркек бала дей турган.

Мугалим өспүрүмдү эми гана байкап оозунан сөзү түшүп ага тигилип туруп калды, экөөнүн бойлору да бирдей экен.

– Сен... кайсы класста окуучу элең? Окуучу белең деги? – деп сурады кыйладан кийин.

Сөзгө Токенайдын апасы аралашты:

– Бул менин кызым! Окууга быйыл келип жатат. Биз бул жактан өтө алыс, тиги эле Сары-Жаздын башатында турабыз. Кичине, келип кеткенден коркот го, бир аз чоңойо түшсүн деп убагында мектепке берген эмеспиз...

Мугалим Токенайдын үстү-башына таңдана көз жүгүртүп алды.

– Кызбы?.... Ии-й, эми бу кичинекей балдардын арасында кантип отурат? Бою да узун экен...

– Айланайын кызым, Токенайым китепти да окуйт, эсепти да чыгарат. Атасы топозчу болгону менен билимдүү киши, жанына отургузуп алып ар деме-бир деме лерди окута берет. Жакага барган сайын ар түркүн китептерди сатып келет.

Борбордун башчысы балдарын алып келишкен ата-энелер менен чете турган эле ал дагы сүйлөп калды:

– Артыкбай чынында эле мыкты малчы. Жакында эле орден менен сыйланып келди. Өтө сабаттуу. Бу кызын да эркек баладай кылып тарбиялап чоңойтту. Окутса окуткандыр...

– Мени бул мектепке дайындап жатканда райондон айтышты эле, эки-үч жылдан бери окууга барбай жүргөн өспүрүм бар экен деп, көрсө ушу го ошол бала.

– Ошо!.. Ошо бала, Токенайым...-апасы өзүнчө эле сүйүнүп алыптыр.

Мектеп демекчи болгону эки бөлмөлү там, бири кичирээк – мугалимдин үйү, ал ошондо жашайт, экинчиси кенен-класс, окуган балдардын баары анда коюлган сегиз партага батып отурушат. Болгон окуучулар он эки-он үч бала, алардын жар мы кыздар.

Мугалим балдардын баарын класстары боюнча парталарга жайгаштырып акырын да четте бөлүнүп туруп калган Токенайды дароо эле доскеге чыгарды.

– Кана окуп көрчү.

Мурун-кийин окуп жүргөндүк кылып Токенай китепти аласалдырып карап алды.

– Алиппе турбайбы. Ата атка така как. Така. – Өзү эле китептин кийинки бетте рин ачып шар эле окуй баштады.– Балдар кара чыйырчыкка уя жасашты.Куштар аны...

Мугалим китепти анын колунан алып доскеге эки-үч эсеп жазды.

– Буларды чыгара аласыңбы?

Токенай буга чейин бор менен доскеге жазып көрбөсө керек, тактанын аяк-башына бир сыйра көз жүгүртүп алып,борду саамга кармалап турду да өтө аярдык менен алгачы чийип көрдү.

– Оо, сонун жугат турбайбы...-деди

Балдар бирин бири түрткүлөшүп кыткылыктап күлүп калышты. Токенайдын баскан-турганы, сүйлөгөнү алар үчүн кызык көрүнүп жатты окшойт. Мугалим кол көтөрүп аларды тыйган болду.

– Тынчтангыла! Болду эми. А сен эсепти чыгар. Кана, бирге экини кошсо канча болот?

Токенай мугалимге тике карады.

– Үч. А муну буга кошсо беш болот. Бештен экини алып салса үчөө калат.

Артта турган ата-энелер гүүлдөп калышты.

– Оо, билет экен!.. Артыкбай жакшы эле үйрөтүптүр.

– Азамат!

– Окууганды да катырат тура.

Тургандар тынчтангандан кийин мугалим Токенайды дароо эле экинчи класста окуган балдардын катарына отургузду. Биринчидегилерге караганда алар бир аз кырдуурак эле, ошентсе да жалпы класс боюнча Токенайга тең келгени жок экен.

– Эже!– Мугалим атайын басып келип Токенайдын апасына кайрылды. -Кызыңыздын мектепке эркек баланын киймин кийип келгени болбойт. Окуучунун формасын кийиши керек, эгер андайы да жок болсо эч кур дегенде кыз киймин кийип келсин...

– Макул, макул айланайын. Эптеп эле балдарга аралашып көнүп кетсе болду.

Кызын өзүнчө чакырып алып апасы ага болгон акылын айтып шашыла өз журтун көздөй жөнөп кетти. Чапекке да, анын аялына да жолуккан жок, канча кылганы менен тууган эмеспи, бир уруктан. Жол алыс, ээн. Күзгө жуук ит-куш да өрүп кетет.

 

***

Арадан эки жумача убакыт өтүп Артыкбай байбичеси экөө ар кимиси өзүнчө сагынып жүрүшкөн эле, кызды. Жандарынан алыска чыгарышпай жүрүп жаман көнүшкөн экен, ошентсе да өздөрү эптеп чыдашаар, бир аз эрке болуп өскөн кызы эле мектеп шартына, андагы окуган балдарга көнүгүшүп кетсе болду. Экөөнүн сөз кылганы эле Токенай. Кантип атты болду экен, көпчүлүктүн ичинде өзүн кандай алып жүрдү экен дешип эртели кеч кобурашып да калышат.

– Көнөт! Эс тартып калбадыбы... — дейт атасы.

– Ошентсе экен, каралдым. Жакын болгондо эртели кеч барып жолугуп турбайт белем. Ал деле сагынып калды го. Эмки жумада эртерээк чыгып барып келейин...

– Мейлиң, барса барып кел.

Күз келип чөп куурап, от азая баштагандан бери топоздор да удургуп жаңы жайыт издеп, күн-түн тынымынан ажырап калган кез. Анын үстүнө куут маалы жакындап, үйүр-үйүр болуп бөлүнүп кетишет. Букалардын да күч сынашаар учуру алыс эмес, неси болсо да кандары суюлуп дүүлүгө баштаган убак, азыр.

Алдыдагы каардуу кыш, каарыган суукка даярдык көрүүнүн аракетиби бул учурда ит-куштар да өз табына келишип кандай да болбосун эттенүүнүн, анын эсебинен кошумча күч-кубат топтоонун аракетинде, семиз малга туш келип аны талап-булап курсак тойгузуунун камын көрүү ниетинде. А чынында азыр кайсынысына кол сал -ба бардык эле жанжаныбар күлкүлдөп-былкылдап, терисине батпай толуп-болуп турган чагы. Болгону учур-убагын келтирип, кол салуунун ылайык-ыгын табуу. А калганы жаадай жаак менен арсайган азуулардын иши да.

Бул эми жаратылыштын жазылбаган мыйзам-ченеми, адам баласынан башка эч бир жан арыз-муңун Аллага чейин айтып арыздана да, кайра андан өч алуунун ара -кетин кылып ага доо коё да албайт. Болгону эстүүлүк менен сактануу гана керек! Алла Таалам өзү да айтат турбайбы: «Сактансаң сактаармын!» — деп.

Эртең мененки чайларын шашпай ичип алышып байбичеси үйдөн көтөрө чыккан жуурканын кашаага жайып, Артыкбай таш үстүндө жайылган тердиги менен ээр токумун алып атын көздөй баскан. Бийик жонго чыгып ар кайсы кокту-колот, ой-кырларда чачырап жайылган топоздорго көз салып коюу анын көнгөн адаты. Дүрбү салып үйүр-үйрү менен жүрүшкөн малды санап, күнүгө эсептеп турбаса болбойт, өзгөчө ушул маалда.

Аңгыча эле ит ажылдап, айлана жер солкулдаткан дүбүрткө толуп, а-бу деп жол тарапты карашканча минген атын карабулоонго салып күтүлбөгөн жерден жулунуп Токенай короого кирип келди. Күн жаңы гана тоо артынан нурун чачып жалпы эле өрөөн ичи мемиреген тынчтыкка бөлөнүп турган. Мындай болуп кетет деп эч бири күткөн эмес. Алкынган ат минген Токенай тим эле жерден чыга калгандай эле болду.

Жүрөктөрү кабынан чыга болк этип ата-эне чочуп кетишти:

– Э, коку-уй кудай! – Энеси үнүн баарынча бакырып жиберди.

– Ой-ой! Астапрулда... Ой, эмне болуп кетти? Сен кайдан?..

Токенай аттын оозун тартып короо четиндеги мамыны көздөй бастырды. Ата-энеси биринен бири оозуп кызга жетип барышты. Эмне болуп кетти, жайчылыкпы деген өңдүү суроолорду жаадырып колдору карышып калган кызды ат үстүнөн көтөрүп алышты.

– Жайча эле...-деген болду кыз, тырышкан денесин керип-чоюп.

Атасы ишенген жок, кызын бооруна кысып чекесинен сүйүп анын көздөрүнө карады.

– Жайчылык болсо акырын келбейсиңби анан!.. Карачы, атты кара терге түшүрүп... Бу Чапектин күлүгү го, муну кайдан минип жүрөсүң? Апасы жетип кызын кучактап калды, моюн-башынан жыттап.

– Каралдым, башыңа анча эмне күч келди, түн катып?

– Бир аз отуруп эс алайынчы,– Токенай жакын турган корум ташка барып көчүк басты.Ата-энелери делдээишип эмне деп сөз айтышаарын билишпейт, жалдырап көздөрү кызда.

– Бу соо эмес!..

– Ачыгын айтчы, секетиң кетейин, деги эмне болуп түн катып жүрөсүң? Бирөө сени кет дедиби же куудубу?

Токенай башын чулгуп койду.

– Ким мени кет демек эле?! Өзүмдүн эле кетким келип...

– Анан?

– Анан ии... Башында аттын желиги менен эле келаткам. Түн ортосунан жаңы гана ооп таңаткыча али көп бар, силерди ойготпой күн чыга жетсем болду да деп шашылган эмесмин. Түн ичинде ат менен жүргөн жакшы да. Ай да сүттөй жарык, тоо, өзөн, кокту-колоттун баары кадимкидей жаркырап айлана тим эле айнекке салып койгондой туптунук. Үн чыгарып ырдап да келаткам. Анан атымдын кош– курганынан артыма карай салсам бир карышкыр келатыптыр шүмүшүңдөп…

Анда-санда эки жагын карап коёт, бирөөнү издегендей.

Ата-энесинин ооздору ачылып делдээ түшүштү.

– Эмне де-ейт, кокуй?!

– Каерден? Анан куудубу?

Эми гана эсине келе калган апасы үйгө чуркап кирип чыныга суу алып чыкты:

– Отур!.. Эңкей!.. Сүф!.. Сүф-ф!.. Бар балаадан, жок жалаадан сактай көр! Оо секетиң кетейин кудай, сага миң мертебе рахмат, жалгыз кызымды аман калтырга -ныңа...Түкүр-р!.... Ач оозуңду! – Сөөмөйүн салып кызын апаптап да жиберди. Үнү каргылданып көздөрүндө мөлтүлдөп жаш.

– Кайсы жерден жолукту? Дөбөтү бекен же канчыкпы?..

Атасы да шашып алыптыр, колдору калч-калч. Мыкчый кармап жерден ала кой гонго өзүнчө эле бир нерселерди издеп жатты, ары-бери антаңдай басып.

– Мурун бирөө эле болучу. Бир топ эле артта келаткан. Атым эле кошкурук атып туйлаганынан так,так деп үн чыгарып оозун тарткыласам ат бир аз тынчыгансыды. Мага ишенди көрүнөт, караан тутуп.Бирок баары бир элтеңдеп туураланып үркө берди. Жалгыз неме кол сала койбос, атчан кишиден чочулайт го деп аны анча тоготкон эмесмин.Кээде атты күчтөп буруп кайрылып камчы үйрүп качырсам ал буйтап өргө чыга качат.Ошентип келатсам Көк-Кыядан өткөндөн кийин ага дагы бирөө кошулду. Беркиси атайы эле ошонусун күтүп келаткан окшойт. Килейген чоң дөбөт экен, жондон чыга калып түз эле качырып сала берди.Камчыны шапалактатып кыйкырсам, баары бир тогото турган түрү жок. Ээрчен болгондо үзөнгү сүн чечип алып шилтеп калмакмын, эмне болсоң ошо бол деп. Эч болбогондо бир-өөнү жыга чабат элем. Байгеде чаап жүргөндөй эле тердикти жаба салып басмайыл менен бек тартып алгам.

Кызынын сөзүнө атасы чыдабай кетти окшойт.

– Ушунча алыска аттанып жатып ээр токунбай чыкканың эмнең?! Ошо да болот бекен? Жайдак атка минип... Сен эми чоңоюп калбадыңбы...

– Мындан алыска деле тердик менен чаап жүрбөдүм беле. Анын үстүнө Чапек атам ээрин үйүнө кийрип алыптыр.Алардын тынчын алгым келген жок, түнүчүндө.

– А Чапекке айтпай эле күлүгүн минип чыктың беле?

– Ооба. Сураганда баары бир бербейт болучу. Атын жанындай көрөт да.

Арыкбай кол шилтеди, кызынын мүнөзүн жакшы билет да.

– Анан? Экөө тең качырдыбы?

– Ооба. Артта келатканы да, тиги да эки жагыма чыгып алышып тим эле зымырылышат. Мына бу ат дагы бок жүрөк коркок экен кошкуруп үркүп, оозуна ээ кылдырбайт.Тим эле асман айга секирип кишинеп бир жерин жулуп алгансып чыңырат. Карышкырлар болсо улам ыкыс берип алдыга өтө чыкканга аракеттенип жатышты. Атты теминип, үнүмдү катуу чыгарып ага дем бергенче алардын жолун торойм. Антпесе, кокус алдыга оозуп чыгышса эле ар-р этип экөө эки жактан аттын алкымына асылышчудай. Анда эле бүттү да. Ошентип келатып Такыр-Жонго да жетип калыпмын, сүйүнүп кетип «Чү!» деп төмөн карай аттын оозун коё бердим. Ылдый көздөй карышкырлар анча чуркай алышпайт да, тез эле артта калып калышты салпакташып. Учкан бойдон түзгө жетип артымды карасам көрүнүшкөн эмес, биротола калып калышкан экен деп ойлоп аттын оозун тартып эс алдырып демин басканча текирең-таскак менен келаткам. Мурда коркуп калган ат дале тынч алалбай элтеңдеп эки жакка карайт. Анын үстүнө ай дагы булутка кирип айлана ала күүгүм.Ооздугун кемирип алкынып болбойт, оюна койсом алга карай алып уччудай. «Коркпо! Карышкырлар калып калышты. Жакында үйгө жетебиз!» деп жалын тарап, мойнын сыйпалап жоошутуп коём. Болбой эле алга жулунат. Эти кызып калгандан ошентип жатса керек деп ойлогом. Бел баскакка жеткенде кокусунан эле дайра тарапты карай салсам,анда күн чыгарга жакындап айлана даана көрүнүп калган, тиги эки шүмшүк суу бойлоп зымырашып учкан бойдон келатышыптыр. Тим эле биринен бири өтөт. Жардын кыры далдоо болуп мурун көрүнүшкөн эмес экен. Байкатпай кууп жетип менин алдымдан тозо чыгууну көздөп келатышкан экен көрсө. Арамзаа-митайымдар. Амалдарын кара...

Апасы кызы эмес эле ат менен өзү келаткандай чочуп ордунан тура калды.

– Алда өлүгүңдү гана көрөйүндөр-ай, кайдан да жабышты эле сага?! Акырындатпай эле катуу келе берүүң го...

– Кашабаң кишиден да акылдуу. Амалдарын карабайсыңбы, көрүнбөгөн жээкке салып... Ии, анан эмне болду?

– Алар көрүнөөрү менен ат да кошкуруп мага ээ бербей ооздугун тиштеп алып алга карай атып жөнөдү. Ой-кырга карабай алкынган бойдон атырылып келаткан. Түз жол болгондо баары бир тиги шүмшүктөргө жеткирбейт болчумун. Чапек атам -дын бул күлүгү бекеринен байге алып жүрбөптүр. Тиги экөө дароо эле бөлүнүп эки капталыма чыкты. Куйрук улаш келатышты. Аракеттериинин баары эптеп эле менден оозуп алдыга чыгуу. Улам жакындап келишет, камчы үйрүп жазгап коём. Ошентип жарышкан бойдон келатканбыз. Мага да кызык көрүнүп. Буга чейин карышкырлар менен жарышкан учурум болгон эмес. Ат зымырап, шамал зуулдайт кулак түбүнөн. Анан... Кокусунан эле алды жакты карай салсам бир чоң аңгекке жакындап калыппыз, жогортодон кыян жүрүп борпоң топурактарды агызып кетип терең да, туурасы да жазы аңга айландырып салыптыр. Канаттуу куш эле учуп өт -пөсө жөн жандыктар секирип өтө алчудай эмес, айттым го өтө жазы экен.. Чочуп кеткен Артыкбай алаканын шак чапты. Апасы кош алаканы менен оозун басып, көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй чакыйат. Үн чыгрганга да дарманы келбей калгандай.

– Ок, кокуй!.. Ошончодон да астыңкы жолго салган турбайсыңбы?! Аны жазындагы кыян жеп кетпеди беле! Эмне деген терең аң! – Атасы санын чапты.

Токенай колдорун жайды.

– Мен аны кайдан билем?!.. Анын үстүнө ат да ээ бербей... Ооздугун бекем тиштеп алып... Айланып өткөнгө бир капталы тик жар, ылдый жагы былкылдаган сормо саз экен, күүлөнгөн аттын оозун да тартууга мүмкүн эмес. Үстүндөгү мени сезбей эле өз жаны менен өзү алек болуп бараткандай. Тиги желмогуздар алкымга жетал -басын билип ыңгайын келтирип эми чандырга жабышчудай ыкыс берип улам жакындап келатышты. Камчы шилтегенди тоготуп да коюшпайт. Аргасы кеткен дөбөтү аттын үстүнө мени көздөй секирмекке ынтылып коёт. Кашарга жакындап калган ыбызды алар да сезип шашып калышты көрүнөт, неси болсо да кол салып калалы деп чечишкенби билбейм.

Эсине калган апасы ордунан тура калып чырылдап жиберди:

– Алда берекем-ай! Неге жаныңа анча күч келди экен, ажал менен кармашкан дай?!

– Ай эселегим, эселегим-ай... – Атасы нымдана түшкөн чекесин сүрттү.

Токенай саамга туруп калды, эки карышкырдын эки жагынан улам жакындап кууп келатышканын элестетти окшойт.

– Аңгекке эшик-төрдөй жакын калганда аны түбү да көзүмө урунду... Ат бойлобогондой терең экен.Не кылаарымды билбей эле тиштенип туруп: «Чү!» деп атты катуу чаап жибердим. Дирт этип кулагын жапырып алып күүлөнгөн неме ылдамдыгын баспай алга карай сунала секирди. Менин чаңырган үнүм да, шапалак менен чапканым да ага дем бергендей болду окшойт, алдыңкы буттарын сунуп жиберип, тумшугун созуп канатын жайып алпкаракуштай учуп бараткандай сезилди мага. Кош колдоп жалына жабышып мойнуна биригип калыпмын. Кулак тундуруп аба шуулдайт тим эле. Кайсы убакта аңга кулап кетээр экенбиз деп коркуп келаткам, аңгыча эле атымдын алдыңкы буттары аңгектин кырына тийгендей болду. Аябай сүйүнүп кеттим аман калдым деп. Бирок ат очорула түшүп силкинген де анын үстүнөн аз жерден учуп кеткеним жок, колдорум жалды кармаган бойдон карышып калыптыр, болбосо аттан мурун сөзсүз аңгекке мен кулап түшмөкмүн. Ат болсо мүдүрүлүп барып күүсү менен туруп кетти. Ал дагы сүйүнүп кетти окшойт катуу дем чыгарып күрсүнө алга карай учуп жөнөдү. А тиги желмогуздар куйрук улаш эле келатышкан, кичиреги секире албай гүр этип аңгекке кулап кеткендей болду, чыны аны далдап карай алганым жок. Кантсе да бели сынды болуш керек. Аңгек өтө терең да. Сооп болот! Чоң дөбөтү аркан бою калышпай артымдан Ак-жарга чейин кууп келип, иттин үнү угулганда гана бурулуп кетти, тоону карай…

Алиден бери а дегенге алдары келбей, ооздору ачылып денелерин калтырак басып алдырап турушкан ата-эне көз ирмемге кыймыл какпай катып калышты. Көздөрү жалдырап Токенайда. Кантсе да карышкырлардын куугунуна түшүп андан анын аман-соо калганына али да болсо ишене албай жатышты көрүнөт.

Алгачы эле апасы учуп жетип соксоюп ортодо турган кызын бооруна кысты, жашы он талаа:

– Каралды-ым!.. Алда тегеренейим-ай!.. Түн катып жалгыз чыккандай башыңа эмне күч келди дейм да, коку-уй?! Бирөө куудубу? Ызаладыбы? Айтчы чыныңды...

Артыкбай да үңүрөңдөп ордунан атып турду.

– Ким ал сени ызалаган? Ким? Айт, же кет дедиби бирөө?

Токенай апасынын кучагынан суурулуп чыгып камчысы менен абаны шылый чапты.

– Кызык. Мени ким ызаламак эле?! Эмнеге кет дейт экен?!

Апасы анын айткандрына ынанган жок окшойт:

– Э кокуй, анан эмнеге түн катып жүрөсүң карышкырларга таланып?

Токенай кайрадан камчысын шилтегилеп бурк этти:

– Таланбай эле... Аларга жеткиргеним жок да!

– Ой, мейли, ошондой эле болсун! А эмнеге түн катып жалгыз чыктың? Ошону айтчы, андан көрө!

Токенай эрдин тиштеп ылдый карап калды, өзүнүн орунсуз иш кылганын эми гана

түшүндүбү же алиден бери байкос албаган өлүм коркунучун эми сездиби саамдан кийин акырын үн чыгарды.

– Силерди сагынып... Анан дагы...

Эми апасынын үнү катуурак чыкты:

– Анан дагы эмне болуп?

– Курсагым ачып...

– Курсагым? Эмне тамак бербейт бекен, жанагы ынтарнатында? Тиги Чапек атаңдыкына кирип алардын тамагынан ичип албайсыңбы?!

– Алардыкында деле ашкананын тамагы. Жалаң чай, картөшкө сорпо күндө эле... Бир дагы куштун эти жок. Койдун килкилдеген семиз эти, анысын ким жейт?!

Жанатан бери аялы менен кызынын сөздөрүн угуп отурган Артыкбай этегин кагы нып ордунан туруп кетти.

– Оо, ж-жолуң болгур десе!..– Өтө ачуусу келгенде кекечтене калчу адаты бар эле ары бери басып токтоно албай жатты.

– С-сен...сен к-кызым, мындай кылыгыңды токтот! Экинчи мин-минтип түн катып келбе. Уктуңбу? Келбе!.. Канчалык сагынсаң да, канчалык ачка калсаң да күндүз эле чыкпайсыңбы. Же колуңда куралың жок, же жаныңда коштогон киши жок, жол болсо алыс. Эмне үчүн түн катып чыгасың ия?! Кокус, атың мүдүрүлүп жыгылып же карышкырлар алдыңдан чыкса эмне болот элең?! Апаң экөөбүздүн анык шорубуз кайнабайт беле, ошондо... Башыбызга каран түшпөйт беле, ошондо... О жолуң болгур десе!..

Кичинесинен атасы менен тең айтышып көнүп калган кыз анын сөздөрүнө анча деле моюган жок, кайра ага бой сала эркелей кетти.

– Ата! Атаке, койчу эми ачууланбай.Баары бир ал шүмшүктөргө жеткиргеним жок да. Чынбы? Аман эле маңдайыңарда турбайымбы. А Керкула да оңой күлүк эмес экен. Экөөлөп канчалык куушса да ал желмогуздарга карандаткан жок. Бир жетсе жанагы чоң аңгектен жетишет эле, кудай жалгап секирип кетпедиби эликтей болуп. Чапек атам жакшы эле саяпкер, өткөн жылкы табынан жаздырбаптыр. Былтыр аркы өрөөндө болгон аламан-байгеде эсиңердеби, мен чапканда да эч бир күлүккө жеткирбей биринчи келгем. Эми жакшылап суутуп таңашырып коюш керек, неси болсо да бир арам тери алынды.

Артыкбай тэ, далайда барып эсин жыйды. Өң-алаттан кеткен байбичеси кургаган эриндерин улам жалап байына ачуулу тигилет: сенин тарбиялап өстүргөн кызың, коркуу дегенди билбейт,дагы кудай чоң сактаптыр деген тейде. Кызынын айткан сөздөрүнө ичинен ыраазы болуп атасы аны бооруна кысып бетинен сүйүп эркелетип койду.

– Бар эми апаңа. Тамак ич, курсагыңды тойгуз. Карышкырлардан деги качып кут улупсуң. Эми эс ал! Атты болсо мен карайм. Э байбиче, жыт чыгарып тогуз токоч жаса, кудай– арбакка арнап түлөө өткөрүп коёлу. Аңгычакты атты ары бери бастырып келейин, терин кургатып. Анан деле таңашырам.

Токенайдын бул кылыгы өрөндүна як-башына тез эле тарады. Дуу-дуу кеп болуп жатты. Бирөөлөр кыздын эр жүрөктүүлүгүнө таңкалышса, айрымдары ачык эле тилдеп жаман көрүп жатышты?

– Чоң киши да ошончо алыска жалгыз чыкпайт, анык эр жүрөк кыз экен!

– Эмнеси эр жүрөк? Эси жок да... Карышкырлар талаганда анан билет эле ээлен --ген кандай болоорун. Ата-энесинин багына дагы жакшы ажалы жок экен.

Чапек гана үн каткан жок.Агасы Артыкбайдын жооткотуп айткан сөзүнө да жооп бербеди, дулдуюп. Өзүнчө кыжаалат, ичи уйгу-туйгу. Кызды да уруша албайт. Кез-кези күлүгүнө мингизип байгеге салганы болбосо ал кыздын андй шоктугун ким билиптир? Бир ооз сурап койсо эмне? Түн ортосунда туруп алып аркандаган жеринен минип кеткенин кара, оңбогурдун? Өз жанындай көргөн Керкуласынан аз жерден ажырап кала жаздаган экен көрсө, неси болсо да кудай бир сактаптыр. Ошентсе да издеп жүрүп көмүркөйүнөн дат баскан кишенди таап чыкты, сактыкта кордук жок, кишенди го эч ким ачалбайт.

Тынчыраак да уктайсың...

 

***

Сырт өрөөнүнө кар сейрек жаайт. Кээ бир жылдары чаң ызгып кыш кара чыккан учурлар болот. Карандай суук өпкөдөн өтсө да карга басылбай жон-кырлардын баары ачык, мал кокту-колот, жыбыт-жылгаларды ой боюнча аралап эптеп курсактарын тойгузат, кол карабайт. Өз алдынча оттоп көнгөн өзгөчө субай малга табылбаган жайыт, ошого карап өрөөндө көпчүлүк убактарда ирик-боруктар, мин илбеген, ат арабага пайдаланбаган жылкы баласы калат кыштап. Мал баккандар сүткө деп алып калган саан уйларын эптеп кыштан чыгарышат, суук катуу,эртели-кеч кошумча жем-сем берип турбаса аларды сактап калуу да кыйын. Уй баласы башка малга караганда морт келет эмеспи...

Мектепте балдар окуусун улантып жатышты, сабактан кийин интернат аталган жайга барышып. Анысы болгону үч бөлмөдөн турган жапыз там: биринде окучулар жашашат балдар кыздар болуп ортолорун шейшеп менен бөлүп алышып; ортоңкусу ашкана, четкисинде тамак даярдалат,азык-түлүк да ошол бөлмөдө. Тамактанышкандан кийин ойногону ойноп, кээ бирлери китеп окуп убактыларын өткөрүшөт. Эртең менен аларды атайы басып келип мугалим эжеси ойготот, чогуу тамактанып алышып анан сабакка киришишет. Баарысы мындай тартипке көнүп бүтүшүп эч өзгөрүүсүз бир калыпта күндөр өтүп жаткан.

Ушундай күндөрдүн биринде кечке жуук мугалим эжейи келип калды балдардын үстүнө. Кез-кезинде келип кимиси эмне менен алек, эртеңки сабакка кантип даярда– нып жатат деген ниетте текшерип калчу. Көз жүгүртүп аларды түгөлдөп жатып:

– А Токенай кайда? — деп сурап калды.

Балдарга көп кошулбай (өткөндөгү карышырлар кууганын маданий борбордогу чоңдор гана билише турган, өзү да эч кимге айткан эмес) кээде эжейиникине же ашпозчу жеңесиникине барып ага жардам бергенче аны менен сүйлөшүп отура берип жатаарга жакын гана келчү ал кыз. Атүгүл кээде догдурканага да кетип калат (ал киши менен да ынак). Айрым убакта Чапек атасы менен ат минип алып анын малдарын да тейлеше кетет. Балдар бирин-бири карап калышты ийиндерин куушуруп, эч кимиси билбейт экен. Түштө чогуу тамактанып бирге болушкан. Анда кайда кетти? Шамал учуруп кеттиби ал кызды?! Эки-үчтөн чуркап заматта борбордун бардык имараттарын карап, андагы болгон кишилерден сурап чыгышты. Жок! Токенайдын дайнын эч ким билбейт экен.

Мугалим түз эле Жүзей Исаевичке жөнөдү. Чочуп алыптыр. Күн болсо кечтеп баратат, эми бир аздан соң караңгы да кирет.

– Эч кимиси көрбөптүрбү? Болгон үйлөрдүн баарын жакшылап карап чыккыла! Аттардын баары ордунда бекен? Чапеке, күлүгүңдү карадыңбы? Сабактан тил уккан жок беле? Балким балдар менен уруша кеткендир... – Башчы да үрпөйүп өзүн тегеректегендерге кооптуу тигилет. Ал кыздан бардыгын күтүүгө болот!..

Чоң кичине дебей уу-дуу, каралбаган үйлөр, булуң-бурчтар, саналбаган мингич унаалар калган жок. Кайда? Жерге кирип кеттиби? Өзөн болсо алыстан агып өтөт.

– Балким бир бурчка кирип уктап калгандыр… Кыйкыргылачы! Катуу!..

Чуру-чуу түшүп баары кыйкырганга киришти.

– Токен-аай! Токен-аай!.. аа-ай!.. Чапек мылтыгын алып чыгып асманды каратып туруп эки ирет басып алды эле, муздак абада күркүрөгөн добуш аска-зоокаларга урунуп кыйлага чейин жаңырып жатты, өрөөн ичи дүңгүрөп. Иттер да ажылдап өздөрүнчө ызы-чуу.

Караңгы түшүп көз байланып калган. Жакындан киши таанылбайт. Антседа эч кимиси жай-жайына басып кеткен жок, баары үйрпөйүшүп бирин бири карашат.

Аңгычакты эле кимдир бирөө кыйкырып жиберди.

– Эй, карагылачы! От!.. Те, тоодо жылт-жылт этип атат от…

– Кана? Кайсы тушта?

– Өчүп калды...

– Ал шайтандын оту. Ал жакка ким бармак эле?..

Чынында бул жерден кыйла алыс тэ, жогор жактагы майда жылгандуу беттен жылт-жылт эткен от бирде көрүнүп кайра жалп этип өчүп калып жатты.

Башчы аялына карады.

– Дүрбүнү алып келе калчы. Кайдагы шайтан?! Чапеке, аттарды даярда!.. Болду болбоду ошо шайтан кыз!..

Баары дүрбөп заматта кыймылга келип колдорун серепчилеп от көрүнгөн жакка тигилишет, бири көрсө бири көрбөй тургандар өздөрүнчө уу-дуу.

Көп өтпөй башчы менен Чапек дүпүрөтүп тоону көздөй чаап кетишти. Кез-кези дүңк-дүңк этип атылган мылтыктын үнү угулат. Айгайлашып үн да салышкандай...

– Каргыш тийген кыз го, түн катып жалгыз тоодо эмне кылып жүрөт?

Бул сөздү ким айтты караңгыда аны териштирген киши болгон жок, баарынын эле дити Токенайда, деги аман-эсен келсе экен, бир балээге кабылбай. Баса эмне үчүн коркпой жалгыз кетти,тоого? Ал жакка эмне издеп барды? Эмне үчүн түнгө чейин жүрөт? Суроо көп, жооп жок.

 

***

Бүгүн жума, бешинчи күн. Ишемби күнү сабак окулбайт, кечке дээрлик бош болушат. Болгону чогулуп алып ар ким өз билгенин айтып, мугалим эжеси менен китеп окуп, ыр ырдашып убакыт өткөрүшөт.Чоңураак кыздар ашканага барышып ашпозчу эжейге жардам беришет. Балдардын бойлуулары, олбурлуулары Чапек аксакалга кошулуп тоого кетишет, отун алып келгенге.

Токенай бул жердеги болгон китептин көпчүлүгүн окуп койгон эле,балдарга кош улган жок. Курсагын тойгузуп алып сыртка чыкса жайдагыдай болуп күн мемиреп тийип туруптур. Чайыган кирдей туптунук болуп асман ачык, көгүлтүр кагаз бети -не ар түстөгү кооз боёктор менен тартып койгондой керме тоолор көздүн жоосун алып бир башкача шаңкайышат. Карагандан киши тажай турган эмес.

Токенай түз эле тик бетти карай кадам таштады. Короодон анча алыс эмес жерде жайылып жүргөн жылкыларды караган да жок, ээленип түн ортосунда аламан-байгеге чабылып жүргөн Чапек атасынын күлүгүн суроо-сопкутсуз минип алып, капчыгай аралап Сары-Жаздын башындагы өз үйүнө баратканда жолдон карыш кырлар менен куушканы эле жетишет. Мындан ары өлүп баратса да андай ээн баш өзүм билемдикке эч убакта барбайт (ал жөнүндө атасына да убадасын бербедиби. Жетишет, ошол эле. Дагы жакшы аман-эсен калды, апасы айткандай. Болбосо... Андан ары ал жөнүндө ойлогусу келген жок, кыздын.) Ал эми мындай мемиреген ачык күнү быкшып үйдө тыгылып отуруштун өзү эле кечирилгис күнөө, болбогон иш деп чечти Токенай. Колу-буту соо адам ушундай керемет кооз көрүнүшкө көз кандырып рахат албай, буркурап арча, чайыр жыттан -ган карагай черлерди аралап көкүрөк кере дем тартпай деги кантип чыдап отуруш -ат, үйдө?

Токенай андайга көнгөн эмес, кичине чагында эле атасы өзүнүн кенен кементайына ороп алып (апасынын урушканына карабай) тоого чыгып кетишчү. Эмне деген аска-зоока, тик карасаң баш айланган жалама бийик жарларды айланып,топоздор эркин жайылган кенен жайыттарды аралап, карагай-талдын тарсылдатып, өзөктөр -үн чыгарган чытыраган суукка карабай далай эле жолу кезип жүрүшчү эмес беле. Минген аты чарчап, өздөрүнүн курсактары ачканда гана кайтышчу эле го үйгө, жүздөрүн аязга туурултуп, атасы экөө, Эми эч болбогондо тетиги, бий ик жар башына чыгып айлана– тегерекке, сырдуу да, сындуу да теребелге карап отуруп, моокумуң кандырып кумарың тарагандан кийин анан төмөн түшүп келсе эмне болуп кетмек эле?.. Эртең деги окушпайт, кечке бош, каалаганча эс алууга болот да, түн деги узун. Тоонун көз талдырган кооздугун көргүң келсе бийикке чык деп бекер айтышпайт го, тоолуктар!..

Бийик деген бийик, төмөнгө көз жүгүртсөң баарын көрөсүң, өз алаканыңдын отун карагандай. Бул өзүнчө бир керемет! Аны тоо койнунда төрөлүп,түмөндөгөн анын ой-кырын, сансыз бел– белесин, капчыгай, жылга-жыбытын жапайы жаныбарлар менен жарыша аралап, ошолор менен жанаша жашап жүргөн адам гана билет, ошол гана баалай алат.

Токенай селт этип капталына көз жиберди. Бийик жондо канча отурганын өзү да баамдаган жок, убакыт менен иши да болбоду. Деги канчадан бери тоого чыгалек...

Алиден бери керилген өрөөндүн аяк-башына тигилип, төө өркөчтөнгөн тоолодун ар бирин сыдыргыдан өткөрүп өзүнчө маашырланып отурган кыз өз айланасына көз салган эмес экен. Акырын байкаса төмөндөгү өтөктө жайнаган кыргоолдор жүрүшөт, бейкапар жайылып. Короздору мойнун созуп сүрөткө түшчүдөй менменсине койкоюшат. Балапандары да чоңоюшуп ар кимиси өз алдынча. Азыр алар дагы этүү.

Токенай шашып калды,жан чөнтөктөрүн сыйпалап. Алардан жип-шуу, нандын күкүмдөрү, аз болсо да жем-чар үзүлчү эмес. Атасынын «Керектүү таштын оордугу жок» деген сөзүнөн улам бирде болбосо да бирде пайдасы тийип калаар деген ойдо ар кандай майда-чүйдөлөргө дайыма чөнтөгү толуп жүрүүчү.

Капысынан башына келе калган өз оюна жетеленип шашыла төмөн карай жылып жөнөдү. Ал тузак салып кыргоол, кекилик, чил окшогон эти даамдуу куштарды кармоону жакшы биле турган.

Бул убакта күн бешимден ооп терең капчыгайдын тамандарына ала көлөкө түш -үп калган.Күн кыска, чак түштө түштүк тараптагы тоолордун учтарынан аркан бою гана көтөрүлөт да анан улам ылдыйлап отуруп көп өтпөй ошол эле тоолордун артына жашынат. Жылытып да жарытпайт.Зыңкыйган тоңдун алды жай айларына чейин барат. Ошондонбу, сырт өрөөнүн түндүк уюлга теңдеп жүргөндөр да бар.

Токенай өз ишинин кызыгы менен күндүн батканын да билген жок. Болгон күкүм, жемдерин чачып, тузактарын жайып коюп жакын турган кырды ашып кетти. Аң -уулаган жерден алыс болуш керек, антпесе куштар сак. Куураган арча, төө куйрук, майда чегедектерди жыйнап келип сала келген ширеңкесин чагып от тутандырды. Бирде быкшып, кайра жылт этип жатып бир аздан кийин от жалындап күйө башта -ды. Колу-буттарын кактап кыз жылынганга кирди. Суук катуу, ошентсе да оттун табы да күч, жалбырттаган жалын жагымдуу жылуулук таратып жатты, айланага. Анын ойлору өзүнүн салган тузактарында: эч болбосо бир-экөө илинсе экен. Баарынан да корозу түшүп калса сонун болот эле. Отко жылынып бейкапар отурду ал, куштар тузакка дароо эле түшө койбойт, күтүүгө туура келет. Улам көсөп, тамызгы жаңыртып чоктун табын өзүн карай шилейт, жыртык-тешиктен кирген аяз дене-бойду чымыратат. Эми бир аз жылынып алып анан турууну чечти кыз. Кокусунан эле төмөн жактан дүп-дүп этип мылтык атылып калды. Караңгы, көзгө эч нерсе урунбайт. Кулак түрсө төмөн тараптан үндөр угулгансыйт, өзүн издеп жатышканынан ал шек алган жок. Эч нерсе эмес, бирөөбү, экөөбү колго тийген кушун көтөрүп алып эми эле жетип барат. Эртең, буюрса борбордо анык той болот! Ал кармаган куштардын эти баарына жетет, өзү да тоёт.

. Токенай отту басаңдатып ордунан туруп тузак салган өтөктү карай жөнөдү. Дагы мылтык атылды. Жакындап келатышкандай. Кап, куштардын баарын качырышмай болушту ээ. Жемдин даамын алып калган парандалар караңгыга карабайт, курсак тойгузуу– башкы максат. Мындай тоңголокто жемсөөгө жетээр жемдин табылып калышы да абдан чоң олжо.

Токенай өтөккө жетип үңүлө караса эки-үчөө бырпырайт, чилиби, кыргоолубу караңгыда ажыратып болбойт. Ал эңкейип бирөөнө кол сунаарда эми эле өзү түшүп келген кырдан Чапек атасынын үнү угулду:

– Токена-ай!.. Кайдасы-ың?..

Кылтакка илинген парандалар канчалык канаттарын сабалап учуп кетүүгө, капысынан буттарын бууган мына бу каргыш тийген жиптен бошонууга аракет жасашса да анысынан майнап чыккан жок, кыздын карылуу колдору жылып келип ар бирин былк эттирбей кармап алды.

– Ии... Колго түштүңөрбү!..

– Токен-аай!....

– Э-ээ!.... Мен мында-амын!.. Азыр төмөн түшө-өм, силер да ылдыйлай бергиле-е!..

Аттардын дүбүртү, тиги экөөнүн өздөрүнчө кобурашкандары муздак абада даана угулат. Кыздын үнүнөн улам чү-чүлөшүп тигилер кайра тарткандай болушту.

Токенайдын айтканы менен эртеси маданий борбордо чынында эле күтүрөгөн той болду.Тоого чыгып ал кармап келген эки кыргоол, (анын бири килейген корозу экен) бир чилдин эттери казанга салынып, жок жерден уюшулган салтанаттын шаанисин чыгарды. Жапайы канаттуулардын эттери баары үчүн абдан кызык эле. Мындай ашка башынан көнгөн кыз эңсөөсүн кандырып тойгончо жеди.

Анткен менен бул жүрүшүнөн Токенай башкалар түшүнбөгөн эбегейсиз зор канаг -аттанууга дуушар болду: айтып бералгыстай көңүлү сергип, кош колтугуна канат бүтүп калгандай дене-бою жеңилдеп, кааласа азыр эле асманга көтөрүлүп учуп кетчүдөй ээлигип да жүрдү, өзүнчө. Окууга алаксып, андан да өткөндөгү карыш кырлар кубалагандан бери мектептен алыс чага элек болучу. Сагынып калган экен өсүп-өнгөн чөйрөсүн.

Түндүн бир оокумуна дейре жатаканадагылар аны тегеректеп алышып суроо үстүнө суроо жаадырышты, аларга баары кызык эле.

– Караңгыда корккон жоксуңбу? Жалгыз элең да...

– Эмнеден коркмок элем, мындан кичинемде деле тоо аралап жүрө берчүмүн.

– Тоодо карышкыр, аюу, жолборс, илбирстер бар, алар кол салса кантет элең?

– Мен жаныма дайыма ширенке сала жүрөм, оттон бардык жырткычтар коркот. Жакындай алышпайт. Үшүсөң от жагып жылынасың, жалбырттаган жалын жакын жолдошуңдай сезилет, түн ичинде. Карап эле отура бергиң келет.

– Эмне үчүн жалгыз кеттиң? Биз деле барат болчубуз-дегендер да чыкты.

– Эмдиги жолу

Эгер каалоочулр болсо эмдиги жолу аларды да ээрчите барарын кошумчалады.

Бул жүрүшү боюнча Токенайды эжейи баш болуп чоңдор алгачы бир аз жемелеш -ти,кайсы бир жерде качандыр бир болгон коркунучтуу окуяны эскеришип коркут -кан да болушту, деги эле тоого жалгыз чыкпаш керек экенин улам кайталап айтып жатышты, акырында баары тең жумшарышып жөн жай гана акыл, кеңеш айтканга өтүштү, тамашалап да жатышты, каткыра күлүшүп.. Саам өтпөй оюн башталып калды.

Алгачы жарышып, дене-бойлорун бир аз жибитип да, жылытып да алышкандан кийин Чапек эркек балдарды ортого жыйды.

– Кана жигиттер, ким күрөшөт? Кыргызча күрөшкөндү билесиңерби?

Өздөрүнчө болгондо кармаша-күрөшө кетип көнүп калган балдардын экөө ортого чыкты.

– Кур байлангыла! Өзүңөрдүн моюн орогучуңарды...

– Жер тоң, байкап кармашкыла!

– Кана кеттик!.. Эй-эй!.. Сен куруңду бекем байла, Ии, баштагыла!..

Бир топко ары бери сүрүшүп жатып экөөнүн күчтөрү бирдейби ит жыгылыш менен аяктады күрөштөрү.

Кийинки саамда ортого Токенай чыкты, эч ким аны чык дебесе да. Балдар бирин бири карашат. Четте төртүнчү класста окуган узун бойлуу бала бар эле баары аны карап калышты.

– Сен чык!

– Кыз да...

– Коркпо! Чыга бер...

Бул экөөнүкү мурдагы эркек балдардын күрөшүндөй болгон жок, Токенай кыйла карылуу экен кармашаары менен каршылашын жөн эле омуроолоп сүрүп барып майыштырып жыгып таштады.

– Чалганга жеткирбей койбодубу, болбосо жамбашка салып туруп көтөрүп урат элем! Анын үстүнө катындарча күрөшөт турбайбы... — деп актанып жатты өз достор -уна жыгылган бала.

Дагы эки күрөштөн кийин бардыгы жайланып алып ырга өтүштү.

Окуучулардын арасында «Манас» айткан бала да бар экен, алгачы далайга аны тыңшап отурушту. Жаштыгына, кичинекейлигине карабай найза сайышып, чокмор менен салышып, кылыч чабышкан эбегейсиз катуу кармашта чогуу аралашып жүргөндөй билек түрүп жулкунуп ордунан обдулуп тура калып, камчы менен басып– басып алып атын теминип жоо кууп баратканын элестетип улам күчөп айта берди. Отургандардын таңкалуусунда чек жок, кээде кол чаап, кээде үн салышып сүрөп жаш балага дем беришет. Ал дагы оңой менен токтой турган эмес, басылбай улам кызып келет. А деген арипти жаңы тааный баштаган жаш бала мынча сөздөрдү, куюлуштуруп айтканды кайдан жаттап, кантип үйрөнүп алды?! Кандайдыр белгисиз күч шыпаа берген бул да өзүнчө сыйкырдуу керемет го!.. Кийинки кезек ыр-күүлөргө берилди.Эжейинин демилгеси менен балдар-кыздар кошулуп алышып эки-үчтөн ортого чыгып ырдап-бийлегендер да болду. Обон созуп жалгыздан да ырдап жатышты, кээбирлери. Мындай көпчүлүтө тартынуу болгон жок. Жүзей Исаевич шаңгырата комуз чертип жүрөктүн кылдарын термел -ткен күүлөр аткарылды. Окуучуларга кошулуп улуулар да ырдап өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ыр-күү кимдин болсо көңүлүн көтөрөт эмеспи.

Айлана-теребелди чымыраган көпкөк тоң менен муз каптап, кычыраган аяз коюн--кончко кирип, түкүргөн түкүрүк жерге жетпей абада тоңуп турган суукту сезбей жаш карысы аралашып жадырап-жайнап шатыра-шатман түшүп көңүл ачып жаткандары бир эседен анча деле чектен чыккан көрүнүш эмес болучу.

Канткен күндө да ыр-күүгө, оюн-шоокко жакын шайыр элдин бир үзүмү эмеспи, бул жердегилер.

 

***

Токенайдан санаалары тынбаган ата-энеси жолдун алыстыгына, аяздын катуулугуна карабай жаз келип окуу токтогонго чейин эт-сет, башка тамак-аштарын артынып алып ат тезегин кургатпай алмак-салмак каттап турушту. Карап-карманаары да жалгыз кызы, ушунубуз аман-эсен, дени сак болуп тезирээк эл катарына кошулса экен деген эле тилектери, мугалим эжейи айтпаса да анын эч нерседен кайра тартбаган курч мүнөзүн,кичнесинен эрке өсүп чектен чыккан шоктугун алар өздөрү да жакшы билише турган.

– Сабакка тырышчаак, билбегенин, түшүнбөй калганын башка окуучулардай тарт -ынып калбай сурап алат. Башкаларга да жардам берет, бирок ошол эле учур да -кайталап түшүндүргөндү жаман көрөт. Бир жолу өзүнүн айтканын көңүл коюп түшүнө албай койгон кызды «Сенин мээң иштебейт!» — деп уруп да коюптур. Анткен менен кыздарга болушуп, шоктук кылган балдардын сазайын окутат.Өзү абдан оюнкарак сабакта отуруп балдар менен күрөшө кеткен учурлары да болот. Алар менен чүкө атышып, жусан тебет. Чикит чапмай, качма топ анын жакшы көргөн оюндары. Ат үстүндө го маймылдай ойнойт, чаап баратып тыйын эңет.

– Анын эмне кыйынчылыгы бар экен? Аттын жалын колуңа түйүп алып эңе бер, каалашыңча! Колуң жетсе болду тыйынга.

Балдардын чоң-кичинеси да андан чочулап турушат, ага тийиштик кылышпайт.

Бир ирет эжейи айткан бул сөздөрдү Артыкбай угуп алып каткыра күлгөн:

– Ха-ха!.. Менин Токем ушундай. Азамат! Ошентип андан баары коркуп турушсун. Тийишпешсин, тийишкендердин сазайын берсин колдоруна. Тогузга чыкканга дей -ре бекер тарбиялаптырмынбы ээн тоонун арасында?..

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

MS Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Дүйшөкө Дөкөнбаев

 


Количество просмотров: 1023