Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 18-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Тракторчу

“Тракторчу” повестинде орто мектепти аяктап, механизаторлордун алты айлык курсун бүтүрүп келип, жаш жигиттин үч жылдык күжүрмөн эмгеги, айылдык кыз менен болгон махабаты көрсөтүлөт.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Зарлык мектепте окуп жүргөндө андан аркы өмүр жолун кыскача гана мындай элестетчү: онунчуну бүтөт; андан ары жогорку окуу жайларынын бирине барат; аны бүтүрүп, бир жерге кызматка орношот; анан бирөөгө, жок, бирөөгө эмес, так эле Айшага үйлөнөт; бала-чакалуу болушат. Ошентип турмуш улана берет...

Көрсө, турмуш деген ар дайым эле болжогондой кетпейт тура!

Зарлык онунчуну бүтүп, документтерин айыл чарба институтунун агрономия факультетине тапшырарын тап-шырды. Ким билет, ошондо физика сабагы саат болбогондо ал студент болуп калат беле?

Окууга өтпөй калгандан кийин Зарлык ары ойлонду-бери ойлонду. Фрунзеде калып, бир жерге иштеп калсамбы деди. Бирок кантсе да, мурда айылдан карыш чыкпаган боз улан бир жагынан жат жерде чүнчүп жүдөсө, бир жагынан айылды, ата энесин сагынуу сезими жеңип кетти да, документтерин алып, айылга кайтып келди.

Ал баарынан да Айшага кантип жолугуп, анын бетин кантип караар экем деп сарсанаа болду.

Айша менен Зарлык таң эртең менен тамекиге бараткан жолдо жолугушту. Алар адегенде унчугушпай тим гана кол берип учурашты. Зарлык окууга өтпөй калганын ойлоп, ошондон уялып, бирдеме деп сөз айталбады. Айша болсо Зарлыктын окууга өтпөй келгенин мурда бирөөдөн уккан болучу. Бирок өз ичинен Зарлыкты күнөөлөбөй, анын көңүлүнө кетип кала турган ашык баш бирдеме айтып жиберемби деп чочулап, ошондон унчуккан жок. Алар үн катпай баса беришти. Анан Айша айылдагы кыздарга мүнөздүү келген уяңдык деп айтаарлык адептүүлүк менен алды жагын карап бараткан калыбын жазбай:

– Мен сиз жөнүндө келгениңизде эле уккам. Быйыл өтпөсөңүз эмки жылы өтөсүз, эмки жылы болбосо аркы жылы. Кептин баары даярдыкта болсо керек, — деди да унчукпай калды. Алар бул кезде тамеки аянтынын четине келип калышкан. Мына ушул жерден алар ажырашмак. Анын үсүтүнө бу айыл жеринде эки жаштын ээн жерде бирге басышын эрөөн-төрөөн көрүшөт. Ошол себептенби, Айша эми Зарлыкка тике карап:

– Андан көрө... – Ал бирдемени айтсамбы же айтпа-самбы дегендей мукактана калды да, анан үнүн бек чыгарып, чечкиндүүрөөк айтты. – Окууга өтпөй келген балдардын баары эле бекерчи болуп, көчө таптап калышат, эл оозуна сөз болуп. Ошоягы жаман... – Ал бир азга унчукпай калып анан:

– Эчтеме эмес. Жакшылап даярданыңыз. Соңку жылы мен онунчуну бүткөндө окууга бирге барабыз,— деди да, жарк деп күлүп, ошо бойдон тамекинин жөөгүн аралай шыпылдай басып кетти.

Зарлык Айшаны ээрчий карап турду. Айшанын артка салынган кызыл-тазыл гүлдүү бир байлам жоолугу бийик өскөн тамекинин арасынан кылактап көрүнүп, улам арылап узай берди.

Өзүнөн эки жаш кичүү, көп болсо он беш-он алты-лардагы кыздын ушу бир-эки ооз сөзү Зарлыктын окууга өтпөй калган ич күптүсүн басып, көңүлүн шердентип жиберди. Айшанын сөзүнөн ал: “Окууга өтпөй калсаң мейли, бекерпоздорго кошулуп, эл ичинде кеп болуп кетпегей элең” деген маанини ачык туюп, анын ушундай жакынсып, күйөрман адамдай кам көрүп жатканына ичи элжиреп, ыраазы боло түштү. Анын бул айтканын: “Акыры менин бөлөк-бөтөнүм эмессиң, сенин тагдырыңа кош көңүл карай албайм” деген таза ниет деп түшүндү. Качантан берки көңүл пастыгы арылып, ал айыл жериндеги август айынын абасынан кере-кере дем алды. Эмне үчүн мурда башкалардын көңүл жубатарлык сөздөрү Айшаныкындай таасир бербегени Зарлыкка түшүнүксүз эле.

Ал ошол элү күнү барып, колхоздон жумуш сурады. Бригадир айткан толгон-токой иштин арасынан кантсе да агрономдук адистикке жакындыгы бар эмеспи деп тракторго сокочу болууну тандап алды. Бригадирдин көңүлдөгүсүн гана тапты. Чаң жуткан дал ушул ишке киши чыкпай жатты эле.

* * *

Сентябрь айы аяктап келатат. Күздүк айдалып жаткан учур. Зарлык сокочу болгон трактор айылдын төмөн жагындагы Кара-Ойдун элүү гектирче келки аянттын бүтүп, Таш-Төбөнүн чоң түзүнө барып түштү. Биерден жакага чейин беш-алты чакырымдай келет. Мына ошол себептен эми алар жакага барбай, ошиердеги сарайдын жанындагы ээн үйдө жатып иштеп жүрүштү.

Октябрь айы жарымдап, түнкүсүн күн кадимкидей суук тартып калды. Кудайберген болсо кабинасын бекитип алат, ага эчтеме эмес. Соконун үстүндө жүргөн Зарлыкка кыйын эле. Кудайберген менен кабинага отуруп алууга болбойт. Соконун тиштеринин сынган-сынбаганын, алардын жерге нормадагыдай чөгүшүн улам көзөмөлдөп туруу керек.

Кудайберген тракторду түнкүсүн болсо түнкүсүн, мейли күндүзгүсүн, иши кылып өзү каалаган убагында айдай берет.

Бүгүн алар түнкү сменага чыгышты. Кечээ күнү са-лышкан келки загонду айлана баштады.

Зарлык тумагынын кулакчынын түшүрүп, каптама көз айнегин кийип алды. Купайкесинин үстүнөн кыска тон, жүндүү шым кийген. Бутунда керзи өтүк. Түнкү суукка моюн бере турган эмес. Түн ортолоп калганда Зарлыктын берген сигналы менен Кудайберген тракторду токтотуп, жерге түшүп келди. Шашылбай махоркадан ороп күйгүздү. Чылымдан чыккан түтүн трактордун арткы фарасынан түшкөн жарыкка бир аз уюлгуй көрүнүп, анан тарап кетип жатты.

– Эмне, дагы сындыбы?

– Ооба.

– Канча тиш калды?

– Акыркысын жана эле салгам. Эми салаар тиш жок.

– Көргүлүктү ушу көр таштардан көрмөк болдук, энең-ди урайындыкы, — Кудайберген сөгүнүп алды. – Эмне, тиги, жатып жүргөн жерибизде калган жокпу?

– Жок. Кечээги апкелген он беш тиштин баары сынып бүттү. Эми эмне кылабыз, Кудайберген байке?

– Эмне кылмак элек! Токтотобуз да, жатабыз. Кол-хоздун иши деп, эмне өлүп кетмек белек? Жанагы бригадир деген немеси апкелсин!

Унчукпай туруп калышты. Ушул жерден Зарлыкка бир ой кылт дей түштү. Ал соконун тиштерин шылтоолоп, тракторду айылга чейин айдап барып келгиси келди. Ку-дайберген кээде уйкусу келгенде же жалкоосу кармаганда аны өзүнүн ордуна отургуза коюп, улам аз-аздан айдап жүрүп, Зарлык тракторду башкарууну кадыресе үйрөнүп калган. Азыр айылга чейин айдап барып келгенге эки көзү төрт эле. Бирок азыр анысын ачык айта албай:

– Кудайберген байке, мен барып жакадан тиш апкелбеймби, — деди.

– Эмне дейт? – Кудайберген чоочуп кетти.

– Бая күнү быякка келгенибизде биздин үйдүн жанында төрт-беш тиш калды эле. Ошолорду апкеле койбоймбу?

– Ушу жети түндөбү? Же алдыңда ат болбосо. Энесин урайын. Тим кой.

Зарлык дагы деле болсо тракторду сураганга оозу барбай:

– Көп болсо тыяк-быягы болуп эки саат кетет да. Таң аткыча али көп бар, — деди.

Кудайберген Зарлыктын бул сөзүнө анчалык маани берген жок. “Бала неме жөн эле айтып жатат ко Тиштин жогунан пайдаланып, түн болсо да үйүн бир көрүп келейин деп жатса керек. Барса барып келсин. Эртең бригадир келип, сокого тиш апкелгенче келип калат” деди ал өз ичинен.

– Энеңдин эмчегин сагынып калсаң барсаң барып кел. Анан бая күнү Кара-Ойду айдап жатканда жармага шыл-тоолоп, кобур кемпир Болдунун үйүн көздөй эле жүгүрүп жүрөт элең. Андан көрө ошонун кызынын койнуна барайын дегенден соосуңбу? – Кудайберген олдоксон тамаша кылды.

– Койсоңузчу. Ушунуңуз уят да. – Кудайбергендики тамаша болсо да, Зарлык бир аз кырс дей түштү.

– Болуптур. Кайда барсаң айда бар. Төлкү, эртең менен кечикпей кел.

– Барып эле тиштерди алып, кайра келем.

Кудайберген анын сөзүн чын көңүлдөн кабыл албай, ошол эле замат тракторду өчүрүп, жатып жүргөн үйдү көздөй басып кетти.

Зарлык анын артынан жакшы эле: “Байке, трактирди айдап барып келейинби” деп айтайын деди, бирок мүнөзү орой неме баары бир мага ишенип, кармата салбайт ко” деген кыязда оозун таптап барып, унчукпай туруп калды. Эми жөө барып келиштен башка айла жок.

Ал үстүнөн тонун чечип, трактирдин кабинасына ыргытып койду да, чоң сууну бойлоп кеткен араба жүрчү эски жолдун нугун таап алып, ошону менен басып жөнөдү. Көпүрө мына ушу тушта болуп калса түзүк болмок. Анткенде көпүрөдөн өтөм деп, жогору итапкан жерге барып, кайра ушу туштан шалпактап тиги маңдайдан өтмөк эмес. Жол шыр болмок.

Зарлык бир чакырымдай басып, машиналар өтүүчү чоң көпүрөдөн өттү да, эски тегирмен аркылуу кетүүчү эски жолго салды. Бу жол бир топ кыска.

Айсыз караңгыда жол жүрүү, асыресе, эски-уску там-таштын жанынан өтүү бир топ сүрдүү. Мындайда канчалык жүрөктүү болсоң да, сезимиңди коркунучтуу элестер каптап, негедир сактанып басасың. Зарлык да азыр кадимкидей болбой, сезими дүрбөлөңдөнө кетип баратты.

Асман бүркөк. Айлана капкараңгы. Бет алдыдан сыдырым суук зыркырайт.

Бирок Зарлык аны тоото турган эмес. Жөө бараткан неме кайра тердеп, ысуулап кетти. Тумагынын кулакчынын өйдө түрүп байлап алды.

Зарлык жолдун нугун илээлеп таап, желе-жорто шашыла басып кетип баратты. Чоң арыктан өтөм деп, караңгыда арышын ченемсиз таштап алып, эт-бетинен кетти. Тизеси оңбой эле калды. Жүндүү калың шым кийгени абийир болуптур. Болбосо тизеси сыйрылып кетмек экен. Ал ордунан тура калып, чала-була күүнүмүш этип, андан ары жөнөдү.

Өгүнчөрөөк тракторчулардын бригадир келип: “Тынбай айдабасаңар болбойт. Суук түшүп кетсе күздүктү айдап бүтпөй калабыз. Зарлык, сен өз сокоңо этиет бол. Тиштин запасын кемитпе. Трактор тишсиз туруп калбасын” деген. Бригадирдин ошол сөзү анын оюнан чыкпай жүрөт. “

Эртең бригадир келип, трактордун туруп калган себеби тиштин жогунан экенин билсе уят эле болот ко” деп Зарлык ичинен ойлоду.

Жолдо келатканда өз үйүнө кирип, үйдөгүлөрдүн амандыгын билип, анан соконун тиштерин көтөрүп алып, түндөп болсо да Таш-Төбөгө кетем деп ойлогон.

Азыр анткен жок. Короонун бурчунда жаткан соконун алты тишин таап, аны экиге бөлүп, көзөнөктөрүнөн зым менен байлады. Анан бирин алдына, экөөн артына келтирип, тиштерди эки ийнине арта салып, үйгө кирбей, кайра келген жолуна түштү.

Таш-Төбөгө, трактор турган жерге кайра жетүү оңойго турган жок. Алды менен соконун тиштеринин салмагын Зарлык анчалык сезген эмес. Бирок улам убакыт өткөн сайын алар зил коргошундай ийинден ылдый ныгыра баса баштады. Эки ийинине зым да өтүп, аларды улам жылдырып турууга туура келип жатты. Адегенде тиштердин жарым-жартылайын жолдун бир жерине калтырып, эртең аткөлүк боло калса, алып кетебиз деп ойлогон Зарлык мунусунан дароо айнып, көктүккө салып жолун уланта берди. Ал баягы эле эски тегирмендин жанынан өттү. Бирок ал бу саам эч коркунуч сезген жок.

Машиналар өтүүчү чоң көпүрөдөн кайра өтүп, баягы чөп-чар, эгин-тегин тартканда араба-сараба жүрө калуучу эски жол менен трактор тарапты көздөй илкий басты. Трактордун жанына жетип, тиштерди жерге таштап-таштап жиберди эле, денеси ушунчалык бир жеңилдене түштү дейсиң, ал өзүн жөн эле учуп кете тургандай сезди.

Зарлык көчүк басып отурду. Анан аңыз үстүнө чал-касынан керилип жата кетти. Ушул калыбында түпсүз караңгы асманга көз жиберди. Кыялы ар нерсеге чабыттады. Анын оюна кокусунан ааламдын түбү жок экени түшө калды. Оюна кетти: “Аалам дейбиз. Ал деги кандайча пайда болгон? Ааламдын качандыр бир кезде башталыш чеги болгонбу?” Ою улам нары тереңдеген сайын өзүнө өзү жооп таба албай, бүт денесин коркунуч каптады. Ушул калыбында дендароо боло беш мүнөтчө жатып, аалам туурасындагы оюн көңүлдөн өчүрүүгө ашыкты. Анын оюна эми Айша түштү. Жүрөгү булкуп өттү. “Айша турганда аалам менен башымды оорутуп эмне кылам?” деди ичинен. Ал кызды сагынганын сезди. Ал аны азыр эле көргүсү келди.

Зарлык ордунан шарт туруп, трактордун кабинасына келип отурду. Курткасынын төш чөнтөгүнөн блокнотун алып чыкты. Ширеңке жарык кылып, блокноттун арасынан Айшанын курбусу менен түшкөн сүрөтүн сагыныч менен карай баштады. Сүрөттү эң бери жагы ширеңкени он жолу жарык кылып карады. Ал сүрөттү блокноттун арасына катып, чөнтөгүнө салып койду.

Ал трактордон түшүп, соконун алдына кирип, ка-раңгыда сынган тишти кол болжоо менен чыгара баштады. Бир болттун учу желип калган экен гайкасы көпкө чыкпай кыйнады. Чыгарып болуп, ордуна жаңысын салды.

Зарлык соконун алдынан өйдө болуп, бир азга ойлонуп туруп калды. “Кудайбергенди барып ойготсомбу? Турар бекен? Анан эмнеси болсо ошо болсун деп, тракторчуну барып ойготмок болуп, сарай жакты көздөй басты.

Ал Кудайберген экөө жатып жүргөн бөлмөнүн эшигин абайлап тартты. Эшик “кыйч” этип, бери ачылды. Нары ичтен: “Эй, сен кимсиң?” деген Кудайбергендин чоочуган үнү угулду.

– Мен эле. Зарлыкмын.

– Ой, эмне? Барып келдиңби?

– Ооба. Ширеңке жарык кыла берейинби? – Зарлык ыйбаа кыла сурады.

– Мейлиң.

Зарлык ширеңке чагып, анан терезенин текчесинде турган чырагданды күйгүздү.

– Ой, сен чын эле жакага барып келдиңби? – Кудай-берген суроосун кайра берди.

– Ооба.

– Тиш апкелдиңби?

– Ооба.

– Канчаны?

– Алтыны.

– Жөө көтөрүп келдиңби?

Ооба.

– Ой, сен ит турбайсыңбы? Анча эмне жаныңды кыйнадың? Эртең деле бирдеме менен апкелет элек да. Мен сени үйүңдү көрүп келгени кеткен экен десе.

Зарлык буга бирдеме деп жооп айткан жок. Ал тек гана минтип сурады:

– Кудайберген байке, жер айдайбызбы? Туруңуз. Сокого жаңы тиш салып койдум.

Кудайбергендин тракторду өзү билип бербегенине бир чети ыза болуп, “Эми кыйраткансып керилип жатат” деп Зарлыктын жини келип турду.

Кудайберген төшөктө бир жак колун жазданып жаткан калыбынан жазылбай:

– Көчүк басып отурчу. Учуп кете тургансыбай, — деди. Зарлык саман салынган полдун үстүнө бутун суна отура кетти.

– Эмне, айдайлы деп турасыңбы?

– Таң аткыча али көп бар. “Түн бакырдыкы” деп айдай бербейлиби, — деди Зарлык каадалуу кишиче. Ал ызаланып калганын билдирбешке аракет кылды. Кудайберген эрине төшөктөн башын өйдө кылып, бел көчүктөн төмөн жагын жууркандан чыгарбай, үстүнө купайкесин желбегей жамынды. Махоркадан олчойто ороп тутандырды.

– Мен сени тиш апкелгин деп кыйнаган жокмун. Чынбы? – Кудайбергендин үнү негедир катаал чыкты.

– Ооба.

– Анан эмне бу капкараңгы жети түндө темселеп жү-рөсүң? А карышкыр жеп кетсе эмне болмоксуң?

– Эртең менен бригадир келип, тиш алдырганча трактор токтоп турбасын дедим.

Кудайберген бир саамга унчукпай, чылымын кере соруп ойлуу отурду. Коюу түтүн үй ичинин күңүрт жарыгында абада каалгыды.

– Минтип кимге жакшы көрүнөйүн дедиң? – Кудай-берген алдын карап олтурган калыбынан жазылбай сурады.

Зарлык бу суроого тик жооп бере албады. Эмне деп айтарын билген жок.

– Эмне, магабы? – Кудайбергендин кекээрдүү добушу муздак ээн үйдө кайра жаңырды.

– Жок. Эч кимге деле жагынайын деген эмесмин. – Зарлык чынын айтты.

– Анан кандай келесоо сага окшош иш кылат? – Ку-дайберген түгөнүп бараткан чылымды шыпкай тартты. Анан калдыгын түкүрүп-түкүрүп өчүрүп, улага жакка ыргытты.

– Жаткын. Чечинип жаткын. Колхоздун жумушу экөөбүзсүз эле бүтөт. – Кудайберген буйрук кыла сүйлөдү. Анан ал купайкесин жууркандын үстүнө жаап, төшөккө кирип жатып алды.

Кыйналса да, өзү кылган ишине ыраазы болгон Зар-лыктын деми суу сепкендей боло түштү. Көгөрүп отуруп калды. Нары жактан Кудайбергендин үнү чыкты. Эми ал насаат иретинде сүйлөдү.

– Экөөбүздүн ушинтип жаныбызды таштап иштеге-нибиздин кимге кереги бар? Сен али баласың. Жүрөгүң курч. Силер атак-даңкты эңсейсиңер. Атак-даңк деген эмне? Көп болсо атың айтылат. Андан эмне пайда? Кара жанды карч уруп иштеген деле бир, эл арасында кыбырап жүрө берген деле бир... Болуптур, давай чыракты өчүр да жаткын...

 

Зарлык эшик ачылганда ойгонуп кетти Таң эбак атып, үй ичи жарык болуп калыптыр. Эшик алдында трактор бригадасынын бригадири Осоке туруптур.

– Ой, эмнеге жатасыңар? – Осоке төшөктө жаткан Кудайбергенге кайрылды. – Сыркоологондон соосуңарбы? Же трактордун бир жери сындыбы?

– Көрүп турбайсыңбы. Соп-соо элебиз, — деди Кудай-берген төшөктө ыңгыранып.

– Жарытып айдабапсыңар го.

– Соконун тиштерин апкелип коюп анан айтпайсыңбы?

– Тиштери бүтүн эле турбайбы. Азыр тракторуңардын жанынан келдим. Жаңы тиштер да жатат.

– Аларды мобу Зарлык түндө жакадан барып, жөө көтөрүп келди.

— Эмне, ал тиштер менен айдоого болбойт бекен?

Осокенин бу суроосуна Кудайберген эмне деп жооп берерин билбей унчуккан жок. Осоке сөзүн улады.

– Ой, суук түшүп келатканын көрбөй турасыңарбы? Бая күнү эле айттым, кайра-кайра какшата бересиңерби? Көп болсо беш күн чыдап койсоңор, мына бу Таш-Төбөнүн түзүн бүтүп койот элеңер.

Кудайберген канчалык кара мүртөз болсо да, өзү теңдүү бригадирдин жүйөлүү сөзүнө сынып калды. Ал төшөктөн башын өйдө кыла берип:

– Болуптур. Айдайбыз, — деди. Анан нарыта ордунан туруп жаткан Зарлыкка кайрылып минтти:

– Көрдүңбү. Түндө ак жүрөктөнүп тиш апкелбегенде Осокенин кырына биз чыгат элек. Эми болсо минтип өзүбүзгө өзүбүз кылып отурабыз.

* * *

Мына ушул күндөн баштап, Кудайбергендер тракторду тынбай айдашып, бир жуманын ичинде Таш-Төбөнү айдап бүтүштү да, жакага түшүп келишти. Ушу менен күздүк да айдалып бүттү.

Зарлык үйгө келери менен жуунуп, жаңы кийим которуп кийинди. Анан чала-була тамактанып, шашкан бойдон Мадылбек досунукун көздөй жөнөдү.

Анын көңүлүн тынчытпаган бир иш бар эле. Баягыда Кара-Ойдун тайпак түзүн айдап жатканда Зарлык, айылдык боз уландардын илгертен келаткан салты эмеспи деп, Айшага бир кат берип коюуну чечкен. Анын үстүнө Мадылбек да, шайтандай болуп, ошо замат бир келишкен үч куплет ырды жаза салган. Мадылбектин колу сулуу эле, Зарлык көчүрүп убара болуп отурбай, катты ошо боюнча Мадылбектен Айшага берип жиберген. Кеч күүгүмдө Мадылбек Айша-ныкына барып, дал эле чарбактын жээгинде катты өз колуна кармата салып, кайра Зарлыкка жетип келген. Катты Айша кандай кабыл алды – экөө тең билген эмес.

 

Жүрөгү элеп-желеп болгон Айша үйгө келери менен Мадылбек берген кагазды ачып окуп, маанисине дароо түшүндү. Бирок ким жазганы ачык эмес болучу. Эмне дегенде каттын аягында эч кимдин аты көрсөтүлбөптүр. Айша Зарлыктын колун таанычу. Аныкы эмес. Мадылбектики көрүнөт. “Кызык, Мадылбек жаздыбы? Чын эле Мадылбек жазган го. Менин билишимче Зарлык ыр да жазчу эмес. А Мадылбек болсо ыр жазат. Ал эмес анын бир-эки ырын мурда кезиттен окугам деп бир аз мурда жүрөгү алеп-желеп болгон Айшанын көксөсү сууй түштү.

Ошол түнү Айша көпкө дейре уктай албай, жоболоңдуу эки бүктөм кагазды колуна кармап, санаага батты.

Анын көз алдына Мадылбек менен Зарлыктын элестери тартылды. Адегенде Мадылбекти элестетти.

Анын алдында арыкчырай, чарчы бойлуу, колдорунун бармактары кызардыкындай ичке, кара күрөң чачтуу, чолок деп да айтарлык эмес, бирок кырдачка да жатпаган жарашыктуу мурундуу, эриндери жукараак, ак саргыл жүзүнө кой көздөрү жарашкан он-жети-он сегиз жаштардагы боз улан турду. Анын күлө багып карашында, ойчул да, ойноок да көздөрүндө чын эле: “Айша, мен сени сүйөм” деген белги бардай көрүндү.

Айша эми Мадылбекти элесинен өчүрүп, анын ордуна Зарлыкты алып келди. Жазы маңдай, көмүрдөй кара чачынын бир-эки талы маңдайына түшүп турат. Мурдунун орто чени бир аз дөңчө келип, анысы ошо бойдон тик түшүп, таноолору бетине билинер-билинбес жайылгансып кетет. Эки бетинин сөөгү чыгып, ээги алдыга жүткүнүп, калбыгыйраакк эриндери жумулган. Далысы кенен, бою Мадылбектен алда канча кырдуу. Айшаныкына салыштырганда эки эсе жоон деп айтарлык салмактуу колдору ылдый салаңдайт.

Кабагы тик келип, анын алдынан шоктугу жок, бирок ошол эле учурда мокок да эмес, негедир жагымдуу кара көздөрү мээримдүү да, уяң да карайт. Бул карашта: “Айша, мен сени сыйлайм, жөн гана сыйлайм. Жүрөктө сага болгон сүйүү оту жок” дегендей жазуу бардай көрүнөт. Айшанын жүрөгү негедир зырп дей түштү.

Эми Айша көңүлүндө Мадылбек менен Зарлыкты бир катарга койду да, улам бирине карап, алардын сырткы турпатына, өңү-түсүнө, жүрүш-турушуна баа берди. Анын элесинен Мадылбектин жүзү, жалпы эле турпаты улам өчүп, отуруп, жалгыз гана Зарлыктыкы калды. Айша мына азыр Зарлыкты сүйөрүн, чын сүйөрүн сезип жатты.

...Зарлыктын Мадылбекке келгени да ошо каттан эмне кабар болду ошону билүү эле.

– О, сокочу, кандай? – деди Мадылбек Зарлыкты көрө сала.

– Жакшы. Күздүк бүттү. – деди Зарлык.

– Бая күнү төрт-беш кишинин жанында турсам, сени мактап жатышат. Көзгө сайса көрүнгүс караңгыда жөө келип, жакадан соконун тиштерин көтөрүп, Таш-Төбөгө чейин алпарыптыр дейби?

– Ой, койчу эми ошону. Андан көрө Айшага жолуккан жоксуңбу? Баягы катка жооп барбы?

Мадылбектин жүзү суз тартып:

– А-а, атасынын көрү иш болбой калды, — деди.

– И, эмне болду?

– Жооп жазыптыр. Мына. – Мадылбек момосуй куртка-сынын төш чөнтөгүнөн бир бүктөм кагазды сууруп чыгып, Зарлыкка сунду.

Зарлык кагазды ачып, тез эле көз жүгүртүп окуй салды. Каттын тексти кыска экен. Минтип жазылыптыр. Башына “Катыңызга жооп” деп коюптур. Андан ары: “Сиз жакшы жигитсиз. Бирок мен сизди сүйөмүн деп айта албаймын. Ортобуздагы сый мамилебиз кала берсин”. Болгону ушул. Аягына атын да, кайсы күнү жазганын да көрсөтпөптүр. Зарлык кагаздын тыягын аңтарып бир карай салып, эчтеке жок экенин көрүп, кайра дагы окуду. Ал эми ындыны өчө Мадылбекти бир карап, анан көзүн тартып кетти. Жер карады. Туз куйгансып ичи ачышты. Эми элеки шаттыгы бир паста жоголуп, аны күйүт басты. Жылдызы түшүп калды. Салбыраган калыбынан жазылбай:

– Муну качан алып жүрөсүң? – деди.

– Бая күнү жолугуп саламдашсам Айшанын өңү негедир суз. Мага мурдагы мамилеси жоктой көрүндү. Ооз учу менен учурашты. Каттын жообун сурасам, алдагыны суна салып эле жанымдан кеткенче шашты. Андан кийин дагы бир жолу көчөдөн көрдүм. Экөөбүз бет маңдай келатканбыз. Мени көрө койдубу, мага жетпей тескери жолго салды. Андан кийин аны көрө элекмин.

Зарлык Айшанын бир бүктөм катын айрып таштамак болду эле, Мадылбек болбой койду.

– Жөн кой. Чөнтөгүңдө жүрө берсин. Анын эмне оор-дугу бар? Балким кереги тийип калар.

– Эмне оордугу бар дейсиң? Азыр мага көпөлөктүн салмагындай ушул бир тилим кагаздан оордугундай оор жүк болбой турат.

– Салып кой. Тилимди ал. Салып кой чөнтөгүңө. Кийин мен акын болуп, поэма жазып калсам мага кереги тийип калышы мүмкүн.

Зарлык Мадылбектин айтканына макул болуп, кагазды бүктөп, блокнотунун ичине салып койду. Ал Мадылбекке кайрылып:

– Эми эмне кылабыз? – деди ындыны өчө.

Демейде ачык мүнөз Мадылбек да жолдошуна эмне деген акыл айтарын билбеди. Ошентип, Айша жазган бир бүктөм кат Мадылбекке арналып жазылганы Мадылбектин да, Зарлыктын да оюна келбеди.

Мадылбек ордунан туруп барып, казан-аяк тараптан чакан каструль менен чоң чыны апкелди. Адегенде андагы бозону калай чөмүч менен аралаштырып, анан чоң чыныга толтура куюп, Зарлыкка сунду.

Капалыкка малынып отурган Зарлык алды менен “Бул эмнең?” дегенчелик Мадылбекти карап койду да, анан чоң чыныдагы бозону жарым-жартылай тартып жиберди. Мадылбек бозодон чай чыныга куюп ичти. Экөө тең унчугушпай олтурушту.

Зарлык экинчи кесеге өттү. Мадылбек комузун алып кыңгыратып отурду. Экөөнүн тең бозого ичтери ысый түштү. Мадылбек сөз катты.

– Анын эмнесине кайгыргандай, Зарлык. Сүйбөсө Айшаны зордоп сүйдүрмөк белек. Атасынын көрү, дагы бир кыз тургандыр. Андан көрө, кел бозодон ичели. Сен жок биерде зеригип кеттим. – Алар бозодон дагы жутушту.

Зарлык менен Мадылбек тышка чыгышканда эбак түн кирип, айыл ичи коюу караңгылыкка көмүлүп калган болучу.

Зарлык Мадылбек менен кош айтышып, ылайлуу көчөдө улам баткакка малынып, өз үйүн көздөй көңүлсүз басты. Оюна ар нерселер келе берди. “Турмушумдун экинчи жиби үзүлдү, — деп ойлоп баратты ал. –Алгачкы окууга өтүү максатым ордунан чыкпады. Эми минтип Айшадан үмүтүм үзүлдү”. Дал эле азыркы бараткан жолдо Зарлыктын турмушка, жашоого болгон кызыгуусу бир элиге бөксөрө түшкөнсүдү. Айшанын бир бүктөм каты анын эсине түшө калган сайын өзүнчө ичтен буулугуп, ыйдын деми алкымына такала түшүп жатты.

* * *

Зарлык күздүк айдоо бүткөндөн көп өтпөй, брига-дирден суранып жатып, тракторлор менен айыл чарба шаймандарынын кышкы ремонтун жасоо ишине кетип калды. Ремонт айылдан он эки чакырымчалык төмөн, эски райондун борборунда МТСте (машино-трактор станциясы) жүргүзүлчү. Ремонтко катышкандардын баары ошол жерде бирөөнүн тамынын бир бөлмөсүндө жатып иштеп, айылга сейрек келишчү. Зарлыкка айылдан алысыраак болуп, өзү да трактордун тетиктерин үйрөнүп, ишке алаксып, Айшаны унутушу керек эле. “Ремонт бүтмөйүнчө айылга да келбейм. Айшаны да көрбөйм. Унутам!” деп ал ичинен шерт кылды.

Осокенин чебелектеп канчалык күйүп-бышканы менен ремонт жай баракат жүрүп жатты. Буга негизги себеп запастык бөлүктөрдүн жетишсиздиги болду. Экинчиден, Осокелердин тракторлорунун ремонтун башка колхоздор-дукуна караганда арткы планга калтырышып коюшуптур.

Тракторлорго өндүрүштүк корпустан орун тийбеген-диктен Осоке адегенде ремонтчулардын баарын гараждын ачык короосундагы соколор менен сепкичтердин ремонтуна жаап жиберди. Осоке Зарлыкты өзүнө чакырып алып:

– Бүгүн Кудайберген жок. Ал бир жумага чейин келбейт. Сокодо өзүң жалгыз иштеп тур. Бүгүнчө дөңгөлөктөрүн чыгар. Чыгарып болуп мага айт. Келип көрөм, — деди да нары башка сокону көздөй басып кетти.

Зарлык керектүү ачкычтар менен жабдыктарды апке-лип, соконун отургучунун үстүнө койду. Азыр декабрь айы ортолоп калды. Кычыраган кыштын суугу сөөк какшатат. Колкапсыз кармасаң темирдин муздактыгы колуңду каарып түшчүдөй.

Зарлык ойлонуп турбай, ишке чечкиндүү киришти. Колуна Осоке берген алакан жагы кендир колкапты кийип, домкратты соконун дөңгөлөгүнүн алдына коюп, өйдө көтөрдү. Анан анын алдына атайын жасалган төрт буттуу козелокту тиреп, домкратты ылдый түшүрдү эле, дөңгөлөк жерден өйдө болуп, бош айланып калды. Экинчи дөңгөлөктү да ушинтип көтөрүп, астына козелок койду. Колпачокторду чыгарганда Осоке келип калды.

– А-а, көтөрүп койдуңбу? Кана, Зарлык, өзүң карап көрдүңбү? Дөңгөлөктөрдүн огу менен ички шакеги жеш-илбептирби? Зазор бар бекен? – Осоке өзү текшербей туруп, адегенде Зарлыкты сынай ушинтип сурады.

– Менимче жешилбесе керек, — Зарлык арсар жооп берди.

– Кана, көрөлүчү. Осоке ылдый эки бутуна отура калып, дөңгөлөктүн алкагынын эки жеринен алып, ары-бери кый-мылдатып көрдү. Билинер-билинбес зазор бар экен. Осоке дөңгөлөктү октун учуна илинер-илинбес кылып бери тартып чыгарды. Капкара болуп майланган бойдон экен. Ал жерден зым темир таба коюп, ок темирдин майын кырып көрдү. Сууктан май тоңуп калгандыктан, Осокенин айтуусу менен Зарлык бир үзүм чүпүрөк таап, аны соляркага малып, анан ширеңке чагып күйгүздү. Дөңгөлөктү такыр эле бери алып, ок темирдин тоңгон майын эрите баштады. Дөңгөлөктүн втулкасындагы майды да эритти. Анан солярка менен таптаза кылып жууду. Осоке ылдый эңкейип ок темир менен втулканы кылдат текшерди. Колу менен сыйпап көрдү. Дөңгөлөктү кайра огуна салып, ары-бери кыймылдатып, зазорду дагы текшерди. Билинер-билинбес зазор бар экен. “Убагы менен жакшылап майлап жүрсө жазгы сезонго дагы чыдайт”. Ичинен мына ушиндай чечимге келген Осоке Зарлыктын жанынан кетпей, экинчи дөңгөлөктү да туптуура жанагы биринчисин кандай текшерсе ошондой текшерип көрдү. Мунусу да жешилбептир.

– Зарлык, азамат экенсиң. Баягыда мен айткандардын баарын аткарып, убагында майлап жүрүпсүң. Мындан ары да ошент. Солидол менен жакшылап майлап, дөңгөлөктөрдү ордуна салып бекитип кой. Эмки жазга чыдайт.


Соконун арткы дөңгөлөгү да жешилбептир. Зарлык аны да майлап ордуна салып койду. Соконун негизги ремонту–дөңгөлөктөрдүн ок темирлери менен ага отурган шакек-челерин алмаштыруу. Зарлыктын сокосунун бу жагы да жайында экен.

Осоке соконун башка жерлерин да текшерип көрдү. Соконун тиштерин көтөрүп, түшүрүүчү храповикти, ага такалуучу фиксаторду, соконун тракторго чиркегичин алмаштыруу керек. Осоке мына ушуларды аныктап, анан эңкейе берип, стойкалардын тиш бекитүүчү жерлерин байкап көрдү. Бирине үңүлүп калды.

– Мына бу стойканы алмаштыруу керек экен. Көрдүңбү, учу аябай желип кетиптир. Тиш сынып калганда, алмаштырбай айдай бергендики. Бу бойдон калтырсак тиштин учу чорчоюп чыгып, бат-бат сынма болуп калат. – Осоке ушундай кылалыбы дегенсип Зарлыкты карап койду.

– Баягы мен жаңыдан сокочу болуп иштей баштаганда эле ошондой болчу. Чын эле ушул корпуска салынган тиштердин көбү сынчу. Жаңысын алмаштырсак жакшы болот.

– Сен эми мындай кыл, Зарлык. Жанагы мен айткан храповикти, чиркегичти чыгарып тур. Убактың жетишсе Стойканы да чыгарып кой. Мен складка барып бир стойка жаздырып келейин. Баса, түшкү тамак маалы да болуп калган турбайбы. Кой, жүр тамакка.

Осоке менен Зарлык бирге басышты. Ремонтчулар түшкү тамактан кийин ишке кайра киришти. Борошолоп кар жаап келди. Бир жагы Осокенин жоктугунан пайдаланышып, бир жагы кардын жааганын шылтоолошуп, Зарлыктан баш-калардын баары ары өндүрүштүк корпусту көздөй бирден-экиден болуп чууруп жөнөштү. Алардын бири Зарлыкка кыйкырды:

– Э-эй! Жүр. Кардын алдында көмүлүп калып жүрбө.

Зарлык тигилердин артынан барсамбы-барбасамбы деп ойлоно түштү: “Осоке эмне дээр экен? Анын айткандарын али аткара элекмин. Андан уруксатсыз ишти таштап кете бергеним туурабы?”

Ушинтип ойлогон Зарлык кардын алдында калып калбасын деп адегенде ачкыч-пачкычтарды чогултуп, со-кочунун отургучунун үстүнө койду. Анан борошого артын келтирип, дөңгөлөктөгү храповикти чыгара баштады. Колкап иштөөгө тоскоолдук кылды. Аларды чечип, ачык колдору менен иштей баштады. Адегенде ичиркенгени менен колдору муздак темирди кармаганга көнө түштү. Эми иш жакшы жыла баштады. Адегенде храповик менен чиркегичти чыгарды. Анан стойка бекиген стремянканын гайкасын чыгармак болуп, гайка бурагыч отуз алтынчы ачкычты салып бурап көрдү эле, кыпындай да буралган жок. Ачкычты эки колдоп тартты. Гайка ордунан кебелип койбоду. Зарлык бир бутун соконун стойкасына такап, булкуп-булкуп тартты эле, ачкыч гайкадан чыгып кетип, Зарлык чалкасынан кулады. Ачкыч келип тизесинин томугуна тийди. Көзүнөн от чагылыша түштү. Тоң жерге алды менен май куйругу, анан башы тийди. Май куйругу оңбой калды. Колдон тигилген калың тумагы болбогондо желкеси жарылып кетмек беле?

Зарлык ордунан туруп жатканда склад жактан чолок тонунун жакасын көтөрүнүп алган Осоке келип калды.

– Ии, эмне болду, Зарлык? – Тигинин түрүн көргөн Осоке үркө сурады. Зарлык эмне болгонун айтып берди.

– А-ай, абайлооң го. Чыкпаганын көрүп тургандан кийин мен келгенче койо турбайсың да. Каериң ооруп жатыр? – Осоке чын эле үрпөлөктөдү.

– Эч жерим деле ооруган жок. Ачкыч тийип, тизем гана бир аз... – Зарлык ордунан туруп, тумагын алып күүдү. Осоке ары каратып, артына жабышкан карды да күүп берди.

– Стремянкага аябай күч келет. Соконун корпусун кармап турган ушу да. Гайканын чыкпай бекип калышы мына ошол себептен. Анын үстүнө кайта-кайта буралып турбагандан кийин аз-аздап дат басып да калган. Мына бу сууктан да ого бетер бекий түшкөн, темирлер чыңалып, — деди Осоке Зарлыкка түшүндүрүп. Бирок Зарлык гайканы кантип чыгарар экенбиз деп, ошого көзү жетпей турду. Осокенин айтуусу менен Зарлык барып, консерванын челегине керосин куюп келди. Осоке стремянканын гайка буралып турган учтарына чубуртуп керосинден куюп койду.

– Көрдүңбү, билип ал. Ушинтип койсоң керосин гайка менен стремянканын сайына акырындап сиңип, датты жумшартат. Ананыраак чыгарсак оңой чыгат. Зарлыктын түрүн көргөн Осоке:

– Үшүп кеттиң го дейм. Тыякка барып жылынып ал-саңчы биртике.

– Жок, үшүгөн деле жокмун, — деп Зарлык калп айтты. Жана иштин кызуусунда суукту деги бир тооткон жок эле. Азыр билинер-билинбес калтырай баштады. Баарынан да колдору тоңуп кетти. Колкапты чечип иштегенде колдору майланышып, кир болуп, эми кайра колкапты кайра кийе албай калган болучу. Ушуну байкаган Осоке:

– Зарлык, мындай кыл. Чын эле үшүп кетипсиң. Уста-канага барып жылынып кел. Анан колкап менен иштегенге көнгүн. Ушу суукта карачы, колдоруң майланышып. Самындап жуугун да колкабыңды кий. Минткениң болбойт. Жанга да караш керек. Аңгыча мен складдан соконун аны-мунуларын жаздырып апкелип койоюн. Кудайберген келгенче экөөлөп иштеп туралы.

Осоке менен Зарлыктын соко жанында кыбырап жүрүшкөнүн байкаган берки реммонтчулар имараттан чыгышып, бирден-экиден илең-салаң өздөрүнүн жумуш орду-ларын көздөй басышты.

Зарлык Осокенин айтканындай кылды. Ал кайра келгенде Осоке берки ремонтчулардын жанында жүргөн болучу. Зарлыктын келгенин көрүп, ал анын жанына басып келди.

– Кана, алды менен стремянканы чыгаралы. Втулка да алып келип койдум. Ачкычтын учуна салып, узартып тар-тканга, — деп Осоке отуз алтынчы ачкычты алып, анын бир жак учуна жеңдин узундугундай темир түтүктү кийгизди. Анан ачкычтын бир жак учун гайкага келтирип, темир түтүктүн уч жагынан кармап чебердеп тарта баштады. Гайка ордунан жылган жок. Осоке эми акырын-акырын булкуп тартты. Гайка буралбады.

– Аябай бекип калган экен, — деди да Осоке эми бир бутун соконун бир жерине такап чирене тартты. “Чыйк” эте түшкөн дабыш чыкты.

– Аа, мына, эми буралды.

Осоке гайканы аз-аздан бурап, анан ачкычты Зарлыкка берди да, өзү нары склад жакка кетти. Гайка дагы деле болсо кыйындык менен буралып жатты. “Ушу гайканы чыгарганга да иле керек тура. Осоке болбогондо деги чыгара алмак эмес экем”, -деп Зарлык ичинен ойлонуп, бир жагынан муну үйрөнгөнүнө өз ичинен кубанып койду.

Мурдагы үшүгөнү басылып, улам күчөгөн суукту да тоотпой, Зарлык эми берилип иштеп жатты.

Осоке менен Зарлык кечке тынбай иштешти. Күндүн суугуна карабай, бул экөөнүн көгөрө иштегенин көрүшкөн берки ремонтчулар да ары жактагы соко менен сепкичтин жанында кыбырап жүрүштү.

Ремонтчулар үйгө күүгүм кире жөнөштү. Алар кели-шээри менен тыш кийимдерин чечинип, ысык ашчы болуп кошо келген Осокенин аялы Сайра жылытып даярдап койгон сууга бети-колдорун самындап жуунушту. Бир көмүт үйдүн ичи жылуу болучу. Казанда буусу чыгып эт кайноодо. Осоке баш болгон ремонтчулар полго жая салынган эскибирээк калган кийиз үстүнө отурушту. Алды менен Сайранын жегиликтүү былбырата жумшак жасалган жапма наны менен актаган чай иче башташты. Алар бири-бири менен ардемелерди сүйлөшүп отурушту. Осоке отургандарга жалпы сөз катты.

– Кана, бүгүн кимибиз эмне иш кылдык? Ошону сүй-лөшөлү.

– О-ой, бүгүн күн иттей суук болду го. “Тү” деген тү-күрүгүң жерге түшпөйт, — Асыран деген бою кодоо трак-торист бүгүн жарытып иштебегенин актоо аракетинде сүйлөдү.— Күн минтип турса мындан ары кантип иштээр экенбиз ачык жерде.

Осоке Асыранды ормойо карап койду. Бирок ачуу-ланган жок. Ал Асыран экөө тең чамалаш немелер. Кырктан эле ашкан. Бир жагы какшыктай, бир жагы тамашалай сүйлөдү.

– Алдагы боюңдун кыскалыгынан армияга да барган жоксуң. Солдат эмне экенин билбейсиң. А тетиги согуш жылдарында биздин аталарыбыз, агаларыбыз күн суук деп согушпай жатып алышкан эмес да. Чынбы? Орустардын ак кар, көк музунда күндөп-түндөп окоптун ичинде калып, бир жагынан тамак тартыш болуп, бирок ошол кыйынчылыктарды көтөрүп, кабагым-кашым дешпей, элди-жерди, мына бу бизди коргободу беле. Аларга караганда биз ким экенбиз?

Асыран жалтайлай түштү.

– Ой-ой, Осоке. Койчу эми. Мен жөн эле айтып жатса.

– И-и, мына ошентсең. Бу жаш балдардын ниетин бузбай. – Осоке эми тамашага өттү. – Өз убагында гана тизгиниңди жыя койдуң. Болбосо бүгүнкү эттен каңтарайын дедим эле, балдарды үгүттөп үйдөн кууп чыгып. Суук-суук дейсиң. Мына Зарлык, суукта кантип иштеш керек экенин ал көрсөтөт сага. Өз сокосун ремонттоп бүттү. Эртең сага кошом.

– Ремонттоп бүттү? Ой, койсоңчу калпыңды, — Асыран көздөрүн алайтты.

– Ишенбей турасыңбы? Эртең өз көзүң менен көргүн. Тиштерин гана которуш калды. Тиштерди которуу, эмне, көп болсо жарым сааттык иш.

Отургандардын баары Зарлыкка көз жиберишти. Ал-ардын кай биринин көз карашында суктануу болсо, кай биринде кайдыгердик, болбосо ич тардык бар эле.

– Андай болсо азамат, — деди Асыран чын пейилден бак-бак этип. –Осоке, эмки жазда Кимбилеттин ордуна Зарлыкты мага сокочу кылып берсеңчи. – Асыран өзүнүн сокочусу Кимбилетке тийиштик кыла сүйлөдү.

– Мага окшоп эки-үч жыл иштесинчи, ошондо көрөт элек,— деди бир моюн Кимбилет аты жогу менен чыпалагы жок сол колу менен мурдунун учун тарткылап.

“Беларуста” иштеген Ашырбек унчукпай, үстүңкү эр-дин эки каттама кылып ачып, Зарлыкка кайдыгер көз жиберди. Зарлыктан үч-төрт жашка улуу Букарбектин көздөрүндө Зарлыкка болгон ыраазычылык бар эле. Кантсе да Осокенин эми элеки айтканы тигилердин ар биринин намысына тийип, “Ата-а, ушул суу мурундан кембизби?” деген ойго салып койду. Осоке сөзүн улантты. Бирок Зарлыкты элдин көзүнчө ашыра мактабай, иштин жайын акырын баяндап берди.

– Көрсө Зарлык соконун дөңгөлөктөрүн жакшы майлап жүрүптүр. Үч дөңгөлөктүн огу да, шакектери да жешилбей, ошол эле бойдон экен. Аларды майлап туруп гана салып койду. Ошентип майлап жүрсө эмки жаздагы кош айдоого дагы чыдайт. А силердикичи? – Осоке алды менен Асыранга, анан анын сокочусу эки ийни өйдө чыккан, жашы кырктардан ашып калган Кимбилетке карады.–Дагы бир аз жүргөндө дөңгөлөгүңөрдүн огу үзүлүп түшүп калмак экен. Убагында майлабагандыкы. Дагы аядым. Эмгегиңерден кырктырсам болмок.

Асыран да, Кимбилет да Осокенин жөндүү сөзүн ырастагансып, унчугушпай тим болушту.

– Эртең ремонт корпусуна бир трактор киргизүүгө уруксат беришти. Кудайберген жок. Азырынча силер кир-гизгиле. Букарбек экөөңөр эртеңден баштап трактордун ремонтуна киришкиле, — деди Осоке Асыран менен анын жардамчысы Букарбек деген кылый көз жыйырма үч жаштардагы жигитке карап. – Сокоңордун ремонтуна Зарлыкты кошуп берем. Кимбилет экөө оңдойт. А сен Ашырбек, — деди Осоке эми “Беларусь” тракторунда иштеген көзү көк, сары жигитке карап. – сепкичиңди оңдой бергин. Жөлжүрөбөй тыкан болсоң кичине. Өзүң жалгыз болуп, сепкичтин бир жерин чыгаруу колуңдан келбесе Зарлыкты чакырып тургун. Жардам берет. Ошент, — деп койду артынан.

– Мейли,— деди Зарлык токтолбостон. Сепкичтин түзү-лүшүн үйрөнөт экем деп Зарлык буга ичинен кайра сүйүндү.

Осоке сөзүн улады.

– Мына бу кышкы суукта ушиерде жүрө берген кимге эле кызык. Ремонтту эртелеп бүтүп, айылга кеткенибиз жакшы. Айылда ар кимибиздин үйүбүз бар, бала-чакабыз бар. Менин көзүм бурулса болду, жарытып иштебей жатасыңар. Иштегениңер бүгүнкүдөй болсо ремонтту быйыл бүтпөйбүз. Сен-мен деп ажылдаша бергенибиз жакшыбы? Давай, түзүктөп иштейли. Антип-минткенибизче эле жаз келип калат.

Үй ичи тунжурап тынчтыкка бөлөндү. Осокенин сөзүнө ремонтчулардын баары өз ичтеринен макул болуп отурушту. Асыран баш болгон төртөө карта чабышканга киришти. Аларга Осоке да кошулду. Ашырбек аларды карап отурду. Сайра супарасын жайып, камыр жуурумак болуп, ун элей баштады.

– Зарлык, отту көзөп, мешке көмүрдөн салып койчу. -Зарлык лып туруп, Сайранын айтканын жасады. Анан кайра ордуна келип, катып койгон жеринен баягы жайында Фрунзеден ала келген математика боюнча жартысына маселе, мисал эсептер, жартысына алардын чыгарылыш жолдору берилген китепти алып чыгып, геометрия менен тригоно-метриянын формулалары аркылуу чыгарылуучу бир маселени талдоого өттү. Алды менен жообун карабай, өзү чыгарып көрдү. Текшерсе туптуура экен. Зарлык өз ичинен ыраазы болуп калды. Анан башкасына өттү. Сайранын кезек-кезек гана отту карап кой дегени болбосо, “дурактын” кызуусуна кирип алышкан беркилер Зарлыкка көңүл бурушкан жок.

Эт бышып алдыга келди. Адегенде ар кимиси Осокенин койгон устуканын мүлжүп, анан эт, күлчөтай туураганга киришти.

* * *

Соколор менен сепкичтин ремонту бүтүп, Ашырбек менен Кимбилет айылга кетишти. Зарлыктын ойлогонундай эле болду. Осоке аны Кудайбергенге жардам бересиң деп алып калды. Асырандын жардамчы трактористи Букарбекке окшоп Кудайбергендин жардамчы трактористи жок болучу.

Кудайберген ДТ-54 тракторун ремонттоочу корпустун ичине айдап кирип, биринин артына бирин тизилте коюлган тракторлордун артына, дарбазанын кире бериш эле жерине койду. Дал мына ушул жерден разборка башталмак.

Мына ушул күндөн баштап, Осоке менен Кудай-бергендин айтканын айткандай аткарып, Зарлык трактордун жанынан чыкпайт. Кудайберген келгени Осоке да бирде Асырандын жанына кетсе, бирде Зарлыктардын жанына келип, трактордун чыгарылган тетиктерин көрүп, анын жарактуу же жараксыз экенин Кудайберген экөө аныктайт. Осокенин көпчүлүк убактысы складдан запастык бөлүктөрдү алууга кетет. Складчы анын колусуз бирөөгө кыл да жылдырбайт. Осоке андан башка складда болбогон болт, гайкага окшогондорду жасаганга токарларга заказ берет

Ошентип Зарлык эми көбүн эсе Кудайберген менен болуп, ал эмнени айтса ошол ишти аткарат. Трактордун ар бир тетигин чыгарганда аны кайра чогултканда унутуп калбайын дегенчелик кылып, ирээти менен эсине тутуп калууга аракет кылат. Ошо тетиктин иштөө жолдорун Кудайбергенден, болбосо Осокеден сурайт. Колу бошой калса, трактордун атайын курсун бүтүрүп келген Букар-бектен сурайт. Бакылдаган менен Асыран да билгенин айтып берет.

Азыр ремонтто жүргөндөрдөн Букарбектен башка-сынын баары практиктер. Трактордун атайын курсун бү-түшкөн эмес. Антсе да алар теориясын жакшы билишпегени менен практика жүзүндө иштөө принциптерин, бузулуп калса кайра кантип оңдоо керек экенин мыкты билишет. Асыран, Кудайберген, Осокелер колхоздун бу механизация жагына эң алгачкы болуп келишкендер. Алды менен булар деле трактор дегендин бурамасын тыңгылыктуу билишпей, кийин илешип жүрүп, МТСтен келген орус трактористтерден үйрөнүп алышкан. Жылдар өтүп, тракторлор да улам алмашып, аларды деле окубай өздөштүрүп кетишкен. Үчөөнүн эң мыктысы мынабу Осоке. Анын уюштуруучулук жөндөмүн эске алып, Коваленко деген украиналык киши кеткенден кийин аны ушу чакан колхоздун тракторлор бригадасынын бригадиринин ордун беришкен.

Осоке Зарлыктын элпек, тилалчаактыгына ичинен ыраазы. Баарынан да кайдыгер болбой, трактордун түзү-лүшүн үйрөнүп алсам деген ынтызарлыгы жагат. Мына ошол себептен Зарлыктын түшүнбөгөн суроолорун үйдө болсун, иште болсун Кудайбергенге окшоп кай бирде мурду менен бир тийбей, өз билгенинче айтып берет. Атайы окуп келбесе да, ушу ремонтто жүргөнүндө үйрөнүп алса, жазгы кош айдоодо Кудайбергенге жардамчы тракторист кылып берсемби деген ой көңүлүндө жүрөт. Зарлык азыр тракторду от алдырып, айдаганды кадыресе билет. Мынабу эле күздүк айдоодо Кудайбергендин кара көңүлү кармап, жатып алганда, болбосо өзү мен чылым тартып алайын, загонду бир-эки жолу айланып келчи дегенде Зарлык тракторду далай жолу айдап жүрбөдүбү. Канчалык кара мүртөз болгону менен Кудайберген да жибип, анын оозунан бир-эки жолу Зарлыкка карата жылуу сөз да чыгып кеткен. Осокенин: “Жардамчы кылып аласың го” дегенине Кудайберген да моюн толгобой макулдугун берген. Эгерде жакпаган кишиси болгондо: “Урдум ошонуңду!” демек Кудайберген.

Асырандар да, Кудайбергендер да көңүлдөнүп жакшы иштешти. Запастык бөлүктөрдүн жетишсиздиги гана тоскоол болуп, кээде алар табылбай, ремонтчулар ишсиз отуруп калган учурлар да боло калып жүрдү.

Зарлык трактордун ремонтуна катыша баштагандан бери математиканы таштап койду. Анткени, ага анын убактысы болбоду. Ал бардык болгон бош убактысын трактордун тетиктерин, алардын иштөө принциптерин үйрө-нүүгө кетирип жүрдү. Кечинде үйгө келгенде тракторист-тердин, өзгөчө берки үчөөнө караганда жаш Букарбектин жанын койбойт.

Мына, бүгүн да кечки тамакты күтүшүп, ремонтчулар үйдө отурушат. Асыран менен Кудайберген карта ойноого киришти. Осоке бирде отко көмүр салып, бирде чай чыныга бозодон куюп, беркилерге сунуп, өзү да жутуп коюп, чолосу тийе калганда Букарбек менен Зарлыктын сөздөрүнө аралаша коюп отурду. Букарбек менен Зарлык тиги капшытта. Букарбек дизелдик кыймылдаткычтын карбюратордук кый-мылдаткычтан принципиалдуу айрымасы эмнеде? – Букарбек ушинтип суроо берип, жообун кайра өзү айтып кирди.

Осоке сөзгө аралашты.

– Айткандарыңдын баары туура, Букарбек. Бирок дагы жакшы түшүнүктүү болуш үчүн ошол айткандарыңдын баарын күн сайын трактордун өзүнөн көрсөтүп тур. Зарлык, сен да уялбай баарыбыздан сурай бер.

Муну кулагы чалып калган Кудайберген картадан башын көтөрбөй:

– Ой, алардын сөзүн угуп эмне кыласың. Менин сөзүмдү ук. Айдаганды, анан майлаганды билсең болду сага. Андан башкасынын кереги жок, — деди.

– Сен картаңды ойноп, бозоңду иче берчи. Биз менен ишиң болбосун, — деди Осоке бир жагы тамаша, бир жагы чын.

– Болуптур. Колуңардан келсе академик кылып алгыла! – Кудайберген ушинтти да, колундагы картаны тарс-тарс чапты. – Ии, мына ушундай. Бакаң мына ушинтип гана ойноп койот. Ким менен ойнооруңду билип жүрсөң кичине, — деп эми Кудайберген сыйдырдан утулуп калган Асырандын кырына чыга сүйлөдү.

– Баса, -деди Осоке отургандарга тегиз кайрылып. – Эт–аш түгөнүп баратыптыр. Эртең ишемби. Мен түштөн кийин колхозго барып келейин. Карыган кемпир–апам эмне кылып жатты болду экен, аны көрө келейин. Базар күнү кечке келип калам.

– А биз эмне кылабыз базар күнү? МТС иштебейт, — Кудайберген бурулуп Осокени карады.

– Кылаарга иш жокпу? Ремонт кылбасаңар, базарга баргыла. Бозо ичкиле. Айылга бая күнү эле барып келдиңер, Асыран экөөңөр. Базар сайын эле баарыбыз самсып жүрсөк, чоңдор деле айтпайбы, булар эмне кылып жүрүшөт деп. Дал ушул учурда Сайранын коңшунукунан бирдеме сурап келмек болуп тышка чыгып кеткенинен пайдаланып, Осоке минтти.

– Бу жолу айылга Букарбек мени менен барып келсин. Жаш келинчегин сагынып калса керек, — деп тамашалады.–Силер үчөөңөр биерде калгыла. Асырандын тракторунун коробкасын салып койгула. Кылсаңар иш толуп жатыр. Гусеницанын башмактарын алмаштыргыла. Иши кылып эртең түшкө чейин иштеп, анан эс алгыла. Балким биердиктер менен ордо атышаарсыңар.

– Эмне, Сайраны да ала кетесиңби? А бизге тамакты ким жасап берет? – деп Кудайберген олурая карады.

– Сайра калат. Ким айтып жүрөт Сайра да барат деп?

– Үчөөңөр биерде калгыла деп жатпайсыңбы? Ошодон улам сурап жатам.

– Үчөөңөр деп ремонтто жүргөндөр.

– Болуптур, болуптур, — деди Асыран сөзгө кошулуп. Анан Кудайбергендин кырына чыгып:

– Ме, маткени бир тартып, королду бир тартып кой, тузду бир тарткын да, сыйдырың экөөң отура бер, — деп карс-карс күлдү.

* * *

Анын эртесинде түштөн кийин Осоке менен Букарбек ошояк тарапка бараткан чоочун машинага түшүшүп, айылга кетишти. Кудайберген, Асыран, Зарлык болушуп, бүгүн үйгө күндөгүдөн эрте келишип, жуунушуп, Сайранын жасап койгон жаркөбүнө курсактарын кампайтып алышып, анан кылаар иштери жок, “центр” жакка басып кетишти.

Зарлыктын аякка барайын деген деле ою жок болучу. Берки экөө болбой ээрчитип алышты. Анын үстүнө үйдө жалгыз отурганда эмне? Сайра да аларга тамак берип коюп, анан кечке маал келем деп ошиердеги мындайыраак эжесиникине кетти.

Үчөө эч жакка бурулбай, түз эле “Чайханага” келишти. “Чайхана”деп жазылган менен биерге келгендерге асемдеп деле чай берилбейт. Кире бергенде вино, пиво, чылымдын түтүнү аралашкан жыт каңылжаарды өрдөйт. “Чайхананын” чакан эки залы бар. Баягы бир кезде, райондун борбору болуп турганда айылдан келген кишилер атайын келип, кушкерлене лагман, манты, май токочтордун түркүндөрүн тандап жешээр эле. Базардан келген киши анда: “Ой-да-а, “Чайханада” ырахаттана отуруп, лагмандан бир тоюп келдим” деп мактана турган. Чайды да ак чайнекке демдеп берчү. Азыр эмне? “Андагынын бири жок, ат байларга жиби жок”, бир залынын бурчуна буфет ачып коюшкан. Анда ичимдиктердин бардык түрлөрү бөтөлкөлөп да, стакандап да сатыла берет Ушул эле жерде бочкадан кружкалап пиво да сатылат. Бирдеме жутуп алалы дегендер биерге келишет да, эки залдагы үстөлдөрдү ээлеп алышып, күжүлдөшкөнгө киришет. Кай бирде арыдан-бери жасаган даамы жок лагманды жеп алууга да орун табылбайт.

Зарлыктар киргенде буфеттин алдында топурап эл көп экен. Пиво куюлган кружкаларын тизип коюшуп, болбосо вино ичип отургандар болгон үстөлдөрдүн бардыгын ээлеп алышыптыр.

Буфеттеги тургандардын артына тура берген Кудай-берген үнүн ууру чыгарып, Асыранга кайрылды:

– Эмне кылалы?

– “Портвейнден” бирди албайлыбы?

– Ошентелиби? Жетеби үчөөбүзгө?

– Мен ичпейм, — деди Зарлык негедир ыңгайсыздана.

Кудайберген аны этибарына албай:

– “Портвейнден” бирди алалы. Ананкысын дагы көрөр-бүз.

Кезеги жетип, Кудайберген бир бөтөлкө вино алып чыкты. Асыран менен Зарлык эптеп бир үстөлдү мурдатан ээлеп олтурушкан. Кудайберген бөтөлкөнү ачып, үч стаканга бөлүштүрдү. Зарлыкка азыраак куйду.

– Жок, мен ичпейм, — деп Зарлык дагы каршы болду.

– Алып кой. Эчтеке болбойт. Бозо деле ичип жүрбөй-сүңбү. Андан эмне айрымасы бар экен. Ал. Тартып жибер, — Кудайберген шыкак бере буюра сүйлөдү. Анан өзү Асыран менен Зарлыкты күтүп отурбай, стакандын түбүн көкөлөтө винону ичти да, стаканын үстөлдүн үстүнө олдоксон коюп, ууртунан жаагына чууруп кеткен винону купайкесинин жеңи менен жаный сүрттү. Асыран кылкылдата жутуп жиберди Зарлык эле калды.

– Ай, ичпейсиңби! – деди Кудайберген.

– Мурда ичип жүрчү белең? – Асыран сурады.

– Жок, Онунчуну бүткөндө бир жолу ичкем. Вино.

– Эмесе ичип кой. Винодон эчтеке болбойт. Артынан кууп кетпесең болгону. Кана көтөрүп жибер. – Ичинен ичсемби же ичпесемби деп олку-солку болуп турганда Асырандын ушу сөзү түрткү болуп кетти. Зарлык кадимки алты кырдуу стаканга жарым-жартылай куюлган винону жутуп жиберди.

– Бая эле ошентпейсиңби, аззамат, — Кудайберген үс-түртөн мактамыш этип койду. Анан ал “Памирден” бирди алып чыгып күйгүздү да, зал ичинде болуп жаткан көрүнүшкө, бака-шакага эч бир назар салып койбой, сига-ретти улам терең соруп коюп отурду. Зарлык ичинен биерден тез эле кетсек деп турду. Анын оюна койсо клубдан барып кино көрмөк. Букарбектин кетип калганын карачы, болбосо экөө ошентишмек эле. Ичилген вино кичине бойго тарап, Зарлык адаттагыдан өзүн бир башкача сезип, күчүнө кандайдыр бир күч кошулгансыды. Мына ошол себептенби, тартынбай өз оюн ортого салды. Ал Асыранга кайрылып сүйлөдү.

– Асыке, клубдан барып кино көрбөйлүбү? Биерде отурганда эмне?

– Кино дейби? – Асыран бирдеме дегиче Кудайберген бурк деди. – Эмне бар экен ошо кинодо. Аны көргөндө же бир курсагың тойбосо. Тыйын короткон зыянынан башка пайдасы жок. Андан көрө бар, бирди апкелчи винодон.

Зарлык Асыранды суроолуу карады.

– Э, Кудаке, ушу ичкенибиз жетишээр дейм, — деди Асыран оозу бош.

– Мен алганды ичип алып гана кеткиңер бар ээ, Зарлык экөөңөрдүн. – Кудайбергендин минтиши же чын экени, же тамаша экени беркилерге түшүнүксүз болду. Ошентсе да булардан кутулайын деп Зарлык буфеттен барып бир бөтөлкө вино алып келди. Кудайбергендин күлкүсү калп эле чыгып, Зарлыкты мактап койду.

– И-и, мына, жигит деген ушундай болот. Кана, өзүң ачып куй.

Зарлык винону эки стаканга аз бөксөдөн куюп, бөтөлкөнү үстөл үстүнө койду эле:

– А өзүңчү? Өзүңө да куй, — деди Кудайберген.

– Жок. Мен эми ичпей эле койоюнчу.

– Апкел бери стаканыңды, — деди да, Кудайберген Зарлыктын колундагы бөтөлкөдөгү винону Зарлыктын стаканына көңтөрүп куюп, берки эки стакандагы винолордон теңдеп куюштурду. Андан кийин да Асыран бир бөтөлкө вино, үч кружка пиво апкелди..

Алар “Чайханадан” түнкү саат тогуз ченде чыгышты. Үчөө тең кадимкидей ала күү болуп калышты. “Чайхананын” алдында алардын колхозунун бир машинеси турган экен, Кудайберген аны көрө коюп:

– Ой, Асыран, жүр мынабу менен айылга барып келели. Эртең кечке келип калабыз, — деди.

– Осоке эмне дейт? Эртең эң куру дегенде коробканы салып койсок ырас болот эле.

– Колхоздун иши деп жүрүп өлмөк белек. Салынар коробка. Жүр кеттик. – Кудайберген Зарлыкты да жүр деди эле ал болбой койду. Ошентип тиги экөө айылга кетишип, Зарлык биерде калды. Ал деле барса болмок, бирок анткен жок. Осокеден айбыкты. Бригадирдин сөзүн укпай, өз билгенимди кыла бергеним уят ко, деди.

Зарлык эмне кылсам деп “Чайхананын” алдында бир аз турду. Киного барганга кеч болуп калды. Анын үстүнө жалгыз. Биердин бейбаш балдары чет жактан келгендерге жөнү жок жерден эле тийише беришет.

Зарлык карды кычырата үй жакты көздөй басты. Ал бир топ эле кызуу болучу.

Эшик ичинен илинүү экен. Адегенде акырын тыкыл-датып көрдү. Сайра катуу уктап калганбы, ичтен эч ким үн каткан жок. Эми катуураак какты. Нарытан “Сен кимсиң?” деген Сайранын үнү чыкты.

– Мен эле, Зарлыкмын.

Сайра жарыкты күйгүзүп, эшикти ачты. Зарлык бо-согону аттап кирип, нары жылбай туруп калды.

– Э, кагылайын, Зарлык, бирдеме ичкенсиң го. Беркилер кайда?

– Айылга кетишти. Бакастын машинасы келген экен. Ошо менен кетишти.

— Ии, ошентсең. Деги жүрөгүм калсачы. Жанагы Ку-дайбергендин кыялы жаман. Ичип алып, бирөө менен мушташып милийсага түшүп калдыбы дедим.

Зарлык керзовый өтүгүн чечип, улага жакка коюп, өзү төр жакка чыкты. Сайра чийбаркут күрмөсүн жалаң ич көйнөгүнүн үстүнө желбегей жамынып, ары меш тарапта Зарлыктын ар бир кыймылына көз салып турду.

– Тамак да муздап калды. Жылытып берейин ичесиңби?

– Жок, Сайра жеңе. Жатам. Менин төшөгүм кайсы-нысы?

– Беркиси. Күндө өзүң жатып жүрбөйсүңбү.

Зарлык Сайрадан тетири бурулуп кийимдерин чечине баштады. Ал кызуулук менен Сайрадан ийменбей, төшөгүнүн үстүндө майкасы менен трусысы калганча чечинип, жуур-канды чала-була жамынган бойдон чалкасынан жатып калды. Сайра келип, Зарлыктын жуурканын кымтылап койоюн деп эңкейе берди.

Оң колун Зарлыктан артылта жуурканды өйдө кыла бергенде Сайранын көкүрөк жагы Зарлыктын мурдуна туш келе калып, андан кандайдыр бир чоочун, бирок жагымдуу жыт урду. Зарлык уурданып жүлжүйтө көзүн ачты. Сайра эчтемеден капарсыз эңкейип алып, анын ийиндерин кымтылап жаткан болучу. Зарлыктын көзүнө аял кишинин аппак моюну менен жарым-жартылай жылаңач көкүрөгү урунду. Сайра дагы эңкейе бергенде бир жак эмчеги ич көйнөгүнүн ичинен Зарлыктын мурдун кадыресе чийип кетти. Сайра кымтылап болуп, Зарлыктын үстүнө дагы бирдеме жаап, анан жарыкты өчүрүп, өз төшөгүнө барып жатты.

Үй ичи тынчтыкка бөлөндү. Бирок жанагы Сайранын жытынан кийин Зарлыктын көңүлүнүн беймаралдыгы тап-такыр бузулду. Ал азыр бир жагынан ичимдикке мас болсо, экинчи жагынан ошо жанагы чоочун, бирок жагымдуу жытка андан эки эсе мас болуп жатты. Көкүрөгүндө мурда деги бир оюна келбеген эңсөө турду. Ал ошол эңсөө эмне экенин өз ичинен туюк болсо да сезип жатты. Жаштыктын демине ичилген вино да кошул-ташыл болуп, анын көңүлүн ого бетер ээликтирди. Ошол эңсөө күчү анын оюна кокусунан бир нерсени сала койду. Бирок Зарлык бул оюнан бир жагы коркуп, бир жагы уялып кетти да, оодарылып, Сайра жаткан жакка артын келтирип жатып алды. “Бул оюмду Осоке билип койсо эмне болот?” Зарлык ичинен өкүндү. Аңгыча:

– Зарлык, кагылайын ачынып калып жүрбө. Үйдүн ичи суук. Кымтыланып жатсаң, — деген Сайранын аяр үнү угулду.

Зарлык үн каткан жок. “Эх, ата, тигинтип энемден бетер үшүп каласың деп камкордук кылып жатса, а менин оюмду көр!” деп Зарлык өзүн өзү сөктү...

Зарлык ойгонгондо үй ичи али караңгы болучу. Анын башы зыңылдап ооруп, көңүлү айланып, кускусу келди. Алды менен төшөктөн башын өйдө кылып отурду. Анан көңүлү айланганы күчөгөндөн эшикке чыкмак болуп, ордунан тура берди эле, тең салмактуулугун жоготуп, теңселип кетти. Дубалды барып сүйөндү.

– Зарлыксыңбы? Сага эмне болду? – деген Сайранын аяр дабышы угулду.

– Жүрөгүм айланып...-деп Зарлык күңк этти.

– Азыр мен, — Сайра ордунан туруп барып жарыкты күйгүздү. Анан ал майка-трусычан турган Зарлыкты көрө коюп:

– Жат, жат. Төшөгүңө жата тур. Үйдүн суугун карачы. Азыр мен далистен дагара алып келе койоюн.

– Жок, жок. Мен өзүм эле, — деп Зарлык шымын кийе салып, үстүнө чолок тонун жамынды. Керзовый өтүктү бутуна коңултак сала коюп, сыртка чыга жөнөдү.

Кайра үйгө киргенде керсары тартып, өң-алеттен кеткен Зарлыкты көрүп, Сайранын боору ооруду:

– Ата айланайын, Зарлык ай-я. Ичкениңди көрчү эмес элем. – Зарлык унчуккан жок. – Башыңа балакетти үйүп. Аларга теңелбей эле койсоң болмок экен. Ичики-ий, үйдүн суугун. Таң да сүрүп келатыптыр. Мен туруп, мешке көң калайын. Үйдөгү суунун үстүнө жука муз туруп калыптыр. Сен жылуу жата тур. Чай кайнатып берейин. Мындайда актаган чай ичсе жакшы деп жүрүшкөн, — деп эми Сайра биротоло кийине баштады.

* * *

Кудайберген менен Асыран айылдан ушул эле базар күнү түшкө жетпей, Осокелерден мурда келип калышты.

Кудайберген өзү орто бойлуу, толмочунан келген отуз бештердеги киши. Көп сүйлөбөгөн, сүйлөсө да анысы чын же тамаша экенин ажыратып билүүгө болбойт. Ал бала чагынан негедир кара мүртөз өскөн неме. Кары дебей, жаш дебей оозуна келгенин коюп калат. Аны билгендер: “О, койчу, ошо жиндиге теңелбейличи” деп андан оолак жүргөндү жакшы көрүшөт.

Кудайберген үйгө кирип келип, төшөктө турбай жаткан Зарлыкты көрүп:

– Ии, жатырсыңбы? Сайраны жайлагансың го, уйкуң канбай эмдигиче жатасың. Таң атканча тынбасаң керек, — деди. Зарлык кыпкызыл болуп уялып, эмне дээрин билбей, бети чымырай түштү.

– Оозуңа келгенди оттой бересиңби. Сайра укса эмне дейт? – деди Асыран Кудайбергенди кагып.

– Укса эмне экен? Өзүнүн көзүнө айтам керек болсо. Анан эмне, биз менен барбайт кечээ айылга. Сайраны аңдып калды да биерде.

Асырандын ачуусу келе түштү.

– Ой, сен Кудайберген эмей эле кудай урган неме экен-сиң. Бир айттың, эки айттың, болбодубу. Сени байке деп сыйласа ошону да билбейсиң, — Асырандын үнү чаңк-чаңк ачуу чыкты.

– Суурдун айгырындай чаңкылдайсың да. Сенин ага эмнеге көтүң түшүп жатыр? Ия, корто!

– Ай, Кудайберген, оозуңа карап сүйлө. Бойго асылба. “Теректей бой бергиче, теменедей акыл берсин”.

– Акылдуу киши ушу сенсиңби, кортоюп,-деди берки мыскылдай. Анан ал Асыранды барчы ары деп, көкүрөктөн ары түртүп жиберди. Асыран дубалга барып бир тийди — анын ачуусу чындап келди.

– Сенден келген кесирди көрдүм, — деп Кудайбергенди көздөй жулунду. Бирок Кудайберген тепейген немени сол колу менен жакадан алып, боюна жолотпой ары кармап, оң муштумун Асырандын мурдуна такап, кекээрдүү минтти:

– “Өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт” болбой, өз арыңды билип жүр. Куюшканга кыпчылган бок болбо. Билдиңби?

Кудайберген Асыранды жакасынан кармап турган бойдон ары-бери силкип темтеңдетти.

Баятан бери булардыкы тамаша деп жаткан Зарлык иштин чатак жагына айланып баратканын көрүп, ошо тө-шөктө жаткан бойдон:

– Эми койбойсуңарбы! – деди үнүн көтөрүп.

– Сен жата бер, төмөн жагыңды уштап коюп. Мен мынабу кодоону бир аз тамаша кылайын. – Кудайберген Асыранды бир силкүү менен жерге жыгып, чалкасынан жаткырып, көкүрөгүнө минип алды.

– Ии, алың ушу бекен? Кана дагы бирдеме деп көрчү, богуңду чыгара басайын, — деп Кудайберген ныкып-ныкып койду.

Зарлыктын эми чыдамы жетпеди. Ал төшөктөн майка-трусычан шарт туруп, Кудайбергенди желкеден алып, күч менен оодара тартты. Эми Асыран Кудайбергендин көкүрөгүнө минип калды. Зарлык Кудайбергендин оң ко-лунан басып турду. Антпесе Асыранды камгактай учуруп, болбосо Зарлыктын өзүнө кол кайрымак.

– Энеңди урайындар, турсам бар го, өлөсүңөр, — деди Кудайберген ошол чалкасынан жаткан бойдон ызырынып. – Зарлык, кое бер дейм колду. Өлөсүң.

Зарлык Кудайбергендин опузасынан корккон жок. Күч сынаша келсе Кудайбергенден ашса ашып түшөт, кем калышпайт. Бир жагы ал Кудайбергенди улуусунтуп сый-лагандан гана анын мазактап сүйлөгөнүн көтөрүп жүрөт. Азыр Зарлыктын ачуусу келгени тетиги алсыз тепкедей Асыранды бир жагы кодоо деп кемсинткени, бир жагы алдына басып алып кордогону жанына батып кетти.

– Кана, акеңди эми тааныдыңбы? – Кудайбергендин көкүрөгүнө минип отурган Асыран желип-желип койду эле тигинин оозунан “ык-ык” деген дабыш чыкты.

– Турсам өлтүрөм! – деди Кудайберген көктөнүп.

– Кел эми, андан көрө табышалы. Эң алды менин көкүрөгүмө сен миндиң, анан сеникине мен миндим. Бири-бирибизге акыбыз кеткен жок. – Асырандын үнү бир жагы коркок билиш боло, бир жагы тамаша иретинде чыкты.

– Турсам бар го, биринчи дал ушу сени жайлайм, жу-барымбек,-деди Кудайберген Зарлыкка ызырынып

– Жайлайсыңбы? – деди Зарлык дүрт эте. – Тур, Асыран байке. Тургуз өйдө.

Кудайбергендин кыялын жакшы билген Асыран анын үстүнөн түшпөй, эми ага жалынып кирди.

– Кой, кой, эми Кудаке. Бир ачууңду мага бер. Мен эле жыгылыштуумун. Эртеңки бозо менден болсун. Зарлык сен да кечирим сура Кудайберген байкеңден, — деп Асыран өйдө боло берди. Зарлык да Кудайбергендин колун бошотуп, өйдө турду. Кудайберген ордунан тез тура калып, адегенде Асыранды көкүрөктөн ары дубалга жапшыра бир койду. Анан бери бурулуп Зарлыкты жаактан ары бир чапты. Кудайберген дагы чабайын деп кол шилтей бергенде Зарлык сол колу менен кагып жиберди да, муштумун түйүп туруп, оң колу менен тумшуктан ары берип калды. Кудайберген арты менен эшикке тийип, каалга ачылып кетип, өзү босогого чалынып, чалкасынан түштү.

– Энеңди гана... жубарымбек! – деп Кудайберген орду-нан күйпүлала боло туруп, Зарлыкты көздөй кайра аты-рылды. Ал түйүлгөн муштуму менен төбөдөн ары коймок болгондо, Зарлык жана да сол колун тосо коюп, тигини тумшук талаштыра дагы бир жолу койду. Кудайберген сырттан келаткан Сайрага бир тийип, Сайра да аз жерден чалкасынан жыгылып кала таштады.

– Ай! Бул эмнеңер, ия?! – деп Сайра чаңырды. Ал Зар-лыкты көздөй жулкунган Кудайбергендин алдына тура калды. Кудайберген оозуна келген сөздөр менен Зарлыкты ашатып жатты. Бирок катыла алган жок. Эки муштум жеп, мурду канжалаган неме кантсе да жүрөксүй түштү. Чатакты ырбатпаганынын дагы бир себеби кудай жалгап, Сайранын келип калганы болду. Эмне дегенде чатак ошо Сайрадан чыгып кетпедиби. Берки экөөнүн оозунан: “Зарлык Сайранын койнуна жатты деп Кудайберген айтты” деген сөз чыгып кетеби деп коркту. О, анда эле чоң жаңжал чыкмак.

Зарлык майка-трусычан тургандан уялып, арыдан-бери кийине салды.

– Ай, айткылачы, деги талашыңар эмне? – деди Сайра заңкылдап.

– Казына бөлүштүрө албай, болбосо кыз талашып жатат дейсиңби. Кечээ ичкен виного бирибиздин тыйыныбыз ашыгыраак чыгып кеткен экен. Кудайберген экөөбүз ошодон кыжыңдаша кеттик. Зарлык бизди ажыратып жаткан. Болгону ошол, — деди Асыран төгүн сүйлөп.

– Ой, кокуй күн о-ой! Мен дагы эмне болуп кетти дейм да. Мына, бир челек бозо апкелдим. Талашпай ичкиле. – Сайра эми үнүн жай чыгарып Зарлыкка кайрылды:

– Кантип калдың, кагылайын?

– Жакшы эле, — деди Зарлык күңк эте.

– Ичсеңер өз жөнүңөр менен ичип жүргүлө, мынабу жаш баланы азгырбай. Түндөтөн бери жаман кыйналып жатыр. Зарлык, болду. Экинчи булардын азгырыгына кирбе. Он гүлүңдүн бири ачыла элек. Анан инженердин окуусуна барам деп жүрөсүң. Андан көрө китептериңди оку...

Сайра темир челектеги бозону жылысын деп плитанын үстүнө койду. Анан үнүн бийик чыгарып, берки экөөнө бир тийди.

– Кечээ кечки тамакты жасап коюп, мына күтөм, ана күтөм. Жоксуңар. Бир убакта Зарлык келди темтеңдеп. “Беркилер кайда?” “Айылга кетишти”. Эмне, катыныңарды сагынып кеттиңерби, беш күн болбой жатып, Кечээ Осоке кетеринде трактириңердин бирдемелерин салып койгула деп жатпады беле. Аны ким бүтүрдү? Мага эле таңсык бекен, биерде жүрүш. Менин да балдарым жатыр тыякта, карып калган кайненем менен. Иштесеңер иштегендей иштегиле, иштебесеңер кеткиле. Экөөңөрдүн азабыңардан мына бу жаш бала да жатты башын көтөрө албай. Бир бурама бурап койсоңор да пайда эмес беле.

Сайранын жөндүү сөзүн тултуюп отурушуп угушту. Эгер жөнү жок сөз болгондо Кудайберген: “Койчу, сен, күйөөң менен кошо бригадир болбой” демек. Бирок кан-чалык кара мүртөз болгон менен өз күнөөсүн сезип, Ку-дайберген ачуусун тамекиден чыгарып отурду, күргүштөтө соруп. Анан өзү айтып жүргөндөй “Катын менен катын болгусу келген жок”. Ошентсе да:

– Болуптур эми. Апкелчи аркы бозоңдон, — деди күрс этип.

Бул окуя ушул бойдон Осокеге билинбей калган жок. А жөнүндө Сайра күйөөсү келер менен айтып берди. Бирок чатактын негизги себеби эмнеде экенин Сайрага окшоп Осоке да билбеген бойдон калды. Зарлык мына ушуга сүйүндү. Канткен менен да Кудайбергендин сырын түшүнгөн Осоке чатакка себепкер ошо экенин айттырбай билди. Бирок аны териштирип отурбай, тигилерди да көп жемеге албай, аркы-берки насаатын айтып тим болду.

Анын эртесинде Осоке баш болгон ремонтчулар кары тапталган жалгыз аяк чыйыр жолду кычыратышып, МТСти көздөй кетип баратышты.

* * *

Ремонт кечеңдеп барып бүттү. Айылга алды менен соколорун чиркеп алып, Асыран, Букарбектер кетишти. Ашырбек да келип, “Баларуска” сепкичин сүйрөтүп кетти. МТСте 43-номурдагы Кудайбергендин трактору гана калды.

Кечээ күнү 43түн ремонту жуп гана бүтүп, от алдырып, ремонттон кийин биринчи жолу айдап көрөлү дегенде эле муфта ажырабай, ылдамдыкка такыр эле кошулбай койду.

Моторду өчүрүп, тракторду Осоке, Кудайберген болуп, дагы бир сыйра карап көрүштү. Зарлык да алардын жанында. Кайра от алдырышты. Баягындай эле муфта ажырабай, скоростко кошулбайт. Айланган шестернялардын тиштери бири-бирине илинбей кыркырайт. Ошол жердеги болгон тракторду мен билем дегендердин баары келишти. Осоке-лердин айласы кетти. Муфтаны кайрадан регулировкалап көрүштү. Эч натыйжа бербеди. Акырында МТСтин башкы инженерин чакырышты. Унчукпастан, эриндери калбыгый, жаак сөөктөрү уркуюп чыккан, узунураак бойлуу келген, жашы кырктардан ашып калган киши баткакты кечип, жай басып келди. Бул трактор, соко-шаймандарды “жатка билген”, бүт облустун аймагына белгилүү Дубашев Ибраим деген адам болучу.

Дубашев келгенде тургандар четке жарыла беришти. Осоке Дубашевге иштин жөн-жайын түшүндүрдү. Дубашев бир саамга долдоюп унчукпай, колун чөнтөгүнө салып, муфтаны карап итурду.

– Кабинага чыгып, муфтаны басып көргүлөчү.

Кудайберген Дубашевдин айтканын жасады.

– Кое бер.

Кудайберген муфтанын педалынан бутун тартты.

Эмне үчүн муфтанын ажырабай жатканы Дубашевге да түшүнүксүз болду. Бирок ага бир нерсе бештен беш белгилүү болуп турду: муфтанын ведущий дискасы маховиктен бери болбой жатыры. Мотордон келген кыймыл коробканын биринчи валына берилип, ал айланып, мына ошол себептен шестернялардын тиштери бири-бирине кийишпей жатат.

Эми Дубашев өзү кабинага чыгып муфтаны басып, рычагды ары-бери кыймылдатып скоростко кошмок болду. Шестернялар кыркырап, баары бир кошулбай койду. Ал жерге түшүп келип:

– Муфтаны кайра чыгаргыла. Менимче ведущая диска өз ордунда эмес. Туура эмес салынып калган, — деди да башка сөз айтпай, нары басып кетти. Тургандар да тарап, трактордун жанында Осоке, Кудайберген, Зарлык үчөө гана калды.

– Кана эмесе, чыгаралы, — деди Осоке.

Дубашевдин божомолу туура чыкты. Выжимной подшипник лапкаларды кысканда ведущая дисканын бүр-түктөрү чашканын оюктарына туура келбей, диска мына ошол себептен ажырабай жатыптыр.

Трактордун астында отурган Кудайберген “сенин кылганың” дегенчелик, Зарлыкты жаман көзү менен акырая карап койду. Анан Осокеге:

– Мына, алдагы сен мактап жүргөн Зарлыктын кыл-ганы. Муфтаны ушу жыйнаган — деди. Осоке ошондой беле дегенсип Зарлыкты карады. Зарлык уялганынан жалтанып, Осокеден жүзүн ала качып, тултуя жер карады.

– Болуптур эми, — деди Осоке. –Бирдеме болсо эле мурдуң менен бир тийет экенсиң. Экөөбүздө да бар күнөө. Жаңы үйрөнчүк немеге ишенип коюп, ага көз салбапсың. Андан көрө, давай, дисканы чыгарып, кайра сал ордуна. Зарлык сен да жакшылап көрүп ал, экинчи ката кетирбегендей болуп.

Кудайберген унчукпай дулдуюп ишке киришти. Ал Зарлыкты катуу тилдемек. Бирок баягыдагы Асыран үчөөнүн ортосундагы ыйкы-тыйкыдан кийин негедир Зарлыктан сестенип калган. Зарлык Асыран эмес, ал эмне десе ошо болгондой. Жоош неменин ачуусуна тийбеш керек экен. Анан Зарлыкка ачууланбаганынын дагы бир себеби, Осоке да: “Жаш баланы жөнү жок жерден эле кага бербегин. Бизде трактористтер жок. Эптеп үйрөтүп, алдап-соолап жардамчы кылып алсаңчы” деген.

Анткен менен Зарлык өз кылган күнөөсүн мойнуна алып, ичинен катуу уялып калды. Азыр ага кандай жаза берсе да кайыл болучу. Зарлык болбогондо моминтип Кудайберген ылайга аралашып, трактордун алдында жатмак эмес. Ал ар бир тетиктин салынышын көз жаздымынан кетирбей, тикийе карап турду.

Кудайберген менен Зарлык ушул эле күнү кечке муфтаны оңдоп кайра салып, тракторго май-сай куюп, сокону чиркеп, эртең айылга жөнөөгө даярдап коюшту.

 

Кеч. Үйдө төрт адам: Осоке, Кудайберген, Зарлык, анан Сайра.

– Сайра, болгон этти салдыңбы? Кана, ага чейин чай-ыңды апкелчи. Кемпирдин берип жиберген майынан барбы? Апкел ошодон. Иши кылып, болгон тасмийеңди тасмалга жайнат. Ремонтту бүттүк. Куда кааласа эртең айылга кетебиз, — деди Осоке аялына баржалактап.

Алар чай ичип отурушту

– Э, Сайра. Бирдеме алып кой дедим эле. Эмне, аныңдан жокпу? – Осоке аялына карады. Сайра муну дароо түшүндү.

– Бар. – Сайра ары жактан каткан жеринен бир бөтөлкө аракты алып чыгып, Осокенин алдына койду. Кырдуу стакандан экини алып келди. Осоке бөтөлкөнү колуна алып, этикеткасына көз жүгүрттү.

– “Московский” бекен? – Кудайберген сурады.

– “Москваның айрыкша арагы” – деп окуду Осоке – Жамбылдыкы тура.

Осоке эки стаканга арактан жарымынан өйдөлөтө куйду. Анан чоочуган болуп:

– А Зарлыкчы? Э, Зарлык, сен ичпейсиңби? – деди.

– Жок, ичпейм.

– Ичпесең ичпей эле кой. Биздей болгончо далай ичерсиң. – Осоке сөзүнүн аягын тамашага чалып, минтип кошумчалады.

– Азыр силерди кыздар сындап жүргөн учур. Арак ичкендерди кыздар карабайт.

Осоке менен Кудайберген куюлган стакандарын кө-төрүштү. Нандан үзүп ооздоруна салышты, чайдан уур-ташты.

Осокенин оюна бирдеме түшө калгандай болду. Ал төш чөнтөгүнөн эски блокнотун алып чыгып, анын арасынан эки бүктөм кагазды ачып:

– Зарлыкты куттуктап койсок болот. Мына, бүгүн МТСтин деректиринин буйругу чыкты. Кана, угуп тургула, окуп берейин:

“Шаменв Зарлык 1958-жылдын 1-мартынан баштап, Буденный МТСинин трактористи болуп дайындалсын. ДТ-54 маркасындагы номур 43— тракторго жардамчы трактрчу болуп бекитилсин. Негизи: трактор бригадасынын бригадири Ашыров Осокенин сунушу.

МТСтин директору: К.Өмүралиев.
25-февраль 1958-жыл.

Окуп бүтүп, Осоке кагазды Зарлыкка сунду.

– Ме, катып ал.

Зарлык кагазды алып, көз жүгүрттү. Буйруктун ма-шинкага басылган экинчиби, үчүнчүбү, көчүрмөсү экен. Чын эле Осоке эмне окуса ошонун баары басылыптыр. Зарлык өзүнүн фамилиясы менен атын басма тамга менен жазылганын өмүрүндө биринчи жолу көрүп отурат.

Осоке сүйлөдү:

– Мына, Зарлык. Мурда сокочу элең. Эми минтип тракторист болдуң. Тракторист деген сокочу эмес. Өзүң да көрүп калдың го. Анын иши оор. Тетиктери көп. Бир жери бузулат, бир жери сынат. Жер айдоо сезондуу иш. Убагында жер айдалбаса, үрөн да убагында себилбейт. Эгиндин түшүмү болбойт. Эгин болбосо нан болбойт. Муну өзүң түшүнөсүң дечи. Кудайберген байкең экөөң иштейсиң. Тракторду анча-мынча болсо да билип калдың. Мындан ары да үйрөнөсүң. Үйрөтөбүз. Бир ишти беттегенден кийин анын өтөсүнө чыгышың керек. Тракторго жакшы көз сал. Соконун төрт-беш жери гана майланат. Трактор болсо татаал. Мынабу Кудайберген байкеңдин бир жолу айткан “Майлаганды бил” дегенинин тууралыгы бар. Майлана турган жерин убагында майлап, бурама-сурамаларын тартып жүрсөң бу трактор деген көп бузулбайт. Иши кылып дитиңди койсоң, мындан да жакшы үйрөнүп кетесиң. Дубашев туулганда эле Дубашев болуптурбу. Балким сен да ошондой болорсуң. – Осоке чайдан ууртап койду да, сөзүн улады. – Адал иште, ак иште. Актыкта тактык бар. Бирөөнүн жаман сөзүнө, жаман ишине кошулба. Али жашсың. Келечегиң алдыда. Фрунзеге инженердин окуусуна да барам деп жүрөсүң...

– Ой, Осоке, болбодубу эми. Кечке сүйлөң бересиңби. “Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт”. Ке, андан көрө куй алдагыңдан, — Кудайберген токтоно албай кетти. – Жаш эмес Зарлык эми. Көрөт, үйрөнөт. Дээринде болбосо миң айтканың менен эчтеке чыкпайт. Зарлыкты көрүп жүрөм го. Иштейт. Колунан келет

Сайра Зарлыкты мээримдүү карап:

– Ушу бойдон жүрсөң болду го. Анан мына булардын жолуна түшүп кетпе. Арак деген жерге кирсин. Ичпей эле кой. Анын да өз убагы келет. Азыр миң гүлүңдүн бир гүлү ачыла элек, кагылайын, — деп алкап койду кемпирлерче.

Зарлык бир жагы ичинен толкунданып бир жагы тракторист болгонуна кубанып отурду. Ал азыр Осокеге чексиз ыраазы эле. Ал болбогондо трактордун ремонтуна балким катышпайт беле? Эми минтип МТСтин деректирине өзү кирип жатып, Зарлыкты жардамчы тракторист кылып отурат. Тышына чыгарбаган менен Зарлык Осокеге: “Бул ишенимиңизди аткарам” деп ичинен убада берип отурду.

Осоке менен Кудайберген арактан дагы ичишип, анан карта ойноого киришти. Сайра казан-аяк жакка аралашты.

Зарлык буйруктун көчүрмөсүн блокнотунун ичине салып жатып Айшанын сүрөтүн көрүп калды. Анын азыр элеки кубанычы көңүлүнөн шыпырылды. Айшанын сүрөтүн сагыныч менен карады. Ага болгон кусалыгы артты. Зарлык эми Айшанын баягы жазган жообун алып чыгып, ичинен окуду. Эч өзгөрүлбөптүр: “Мен сизди сүйө албайм”. Зарлык катуу ойго батып отурду. “Айылга барганда бир жолугушум керек, — деген ойго кетти. – Андан эмне пайда? Жообунда ачык жазылып турбайбы. Жолукканда эмне?” – деп ал кайра айныды.

Бирок Айшанын жок деп жазган катына карабастан аны ого бетер сүйөрүн, ансыз жашоо кызыксыз экенин Зарлык ичтен кыйнала сезип отурду.

* * *

Зарлык эртең менен туруп, спорт формачан тышка чыкты. “Чоң-Чычкан” тараптан эрте жаздын салкын жели жүрүп турган экен. Күн жер бетине жайылып тегиз тийип калыптыр. Зарлык чарбакты эки-үч айлана чуркап, анан ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасады. Ал мурда айылда минтип көнүгүүлөрдү жасачу эмес. Ремонтто жүргөндө ошол жер-дегилерди көрүп, эртели-кеч дене-боюн жазып, ошого көнүп алган. Жоон лом темирди эки колдоп дембе-дем башынан өйдө көтөрдү. Лом темирди көтөрүп турган калыбында, отуруп-туруп буттарынын булчуңдарын да иштетти. Анан сүлгү алып, чарбактын башында арыкта агып жаткан суунун боюна барды. Белине чейин жылаңачтана чечинип, муздак суу менен шапшынып жуунду. Эттери бүдүрөйүп-бүдүрөйүп чыкты. Каруусунун булчуңдарын түйүп, кармалап койду. Мына бу трактордун ремонтуна катышып жүргөнү, булчуң-дары да мурдагыдан чыңала түшкөнүн сезип турду...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 2688