Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 17-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Кум дөбөлөр

“Кум дөбөлөр” повестинде кыргыз баласынын казак жергесинде төрөлүшү, энесиз жетим наристе баланын казактардын коюн кайтарган, аталары бир тууган агасыныкында жүрүп кордук көрүшү, казак чабандын домбура черткенин көрүп жана угуп таасирлениши, кийин чоңойгондо ошол кыргыз баласынын домбура черткенди үйрөнгөнү көрсөтүлгөн.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Казак жана кыргыз элдеринин түбөлүк достугуна арналат

 

Бизди жалпы жонунан кушчу эли деп коюшат. Кушчу-нун ичинен чылпак. Менин ошо чылпак-кушчу ата-бабаларым Талас жергесинин те көкүрөк жагын, тагыраак айтканда, Талас өрөөнү Чат-Базардан экиге бөлүнүп, ошонун түштүк жагындагысынын Үч-Кошой менен Чоң-Чычкан сууларынын кесилишинде жайгашкан азыркы Кара-Ой айылынын Таш-Төбө аймагын жердеп келишкен. Совет заманы келе электе кышкысын Орток бөксө тоосунун күңгөйүндөгү кокту-ларында кыштап, жайкысын Чоң-Чычкан, Жер-Үй, Түш-Ашуу, Арпа-Тектир, Сандык, кала берсе Суусамыр жайлоо-лоруна чыгып кетишкен. Биз айтып өткөн Ортоктун күңгөйүндө Абдыштын кыштоосу деген кокту бар. Билгендер бала кезимде алып барып көрсөтүшкөн. Бирок азыр кайсы кокту экени эсимде жок.

Биздин Кара-Ой айылынан чыгышты көздөй жыйырма-жыйырма беш чакырымдай жүрсөң Талды-Булак айылы. Совет өкмөтү учурунда № 113-асыл тукум жылкы зооту деп аталчу. Андан ары Өтмөк ашуусу аркылуу отуз чакырымдай жүрүп, кеңирсиген атактуу Суусамыр өрөөнүнө түшөсүң.

Чат-Базардан чыгып, сол өрөөн менен жүрсөң, адегенде Чоң-Токой (азыркы Хан Бүргө) айылын кыйгап, андан ары жазуучу Касым Каимов жазган «Анарбайдын көпүрөсү» аркылуу Каракол суусунан өтүп, Арал айылын аралайсың. Аралга жетпей, сол жакка бурулуп, казактар жакка Чөңөр ашуусу кеткен жол менен жүрсөң жазуучу-акындар Сүйүнбай Эралиев, Касым Каимов, Медетбек Сейталиевдердин кичи мекени Үч-Эмчек айылы. Жолду андан ары улантсаң Чөңөр (Чоң-Өр) ашуусун ашып, Казахстандын Мерки районунун аймагына түшөсүң. Арал айылынан чыгышты көздөй дагы бир он-он беш чакырым жүрсөң Көпүрө-Базар айылына туш келесиң. Көпүрө-Базар аймагы атамдын да, менин өзүмдүн да таякелеримдин кичи мекени. Атамдын таякелери ормош, менин таякелерим кагазды уруулары. Көпүрө-Базардан ары өтсөң өрөөн экиге бөлүнүп, оң жактагысы Каракол, сол жактагысы Кумбел жайлоолоруна алып барат. Кумбелден ашсаң сары өзөн Чүйдүн Чалдыбар аймагына түшөсүң.

Кыргыздарда: «Ар бир адам өз жети атасын билиши керек» деп айтылып калган сөз бар. Жети атасынын эмнелерин билиши керек? Ошо жети атасынын ар бири туурасында кыскача тарыхый маалыматтарды билип коюу, албетте ар бир адам үчүн кызыктуу эле болмок. Бирок жети атасын билиши керек дегендин кыргыздагы нагыз түшүнүгү – бул алардын туулганда энчилеп берилген аттарын гана атоо. Бирок, көрсө жети атасын билүү дегендин кыргыздар үчүн өтө маанилүү жагдайы бар тура. Жети ата өткөндөн кийин гана барып, эркек менен ургаачы үйлөнүшсө болот экен.

Мага жети аталарыбыздын ысымдары белгисиз. Өз атам Абдыштын фамилиясы аркылуу Чойбек аттуу чоң атам болгонун гана билем. Бирок а кишинин өңү-түсү, бою, кулк-мүнө-зү, колунан келген эмне өнөрлөрү бар экени жөнүндө ныпым түшүнүгүм жок. Тирүү кезинде санжыра жазып жүргөн атам Абдыш Молдо жети аталарыбыздын аттарын, чоң атам Чойбек жөнүндөгү толук маалыматты балким, айтып бермек. Бирок аны суроо менин жадымда болгон жок, атам өзү билип айтып бербеди. Жыйырманчы кылымдын аягында жашы жүзгө таяп калган мындайыраак туугандыгы бар Кенже чоң апабыздын айтымында Чойбек чарчы бойлуу, токтоо, салмактуу, колу жөндөм усталыгы бар, орто чарба, ислам динин бек туткан адам болгон көрүнөт. Ал чоң атабыздын канча аялга үйлөнгөнү белгисиз, үч эркек, эки кыз калтырып, өзү болжолу жетимиш менен сексендин аралыгында көз жуумптур.

Атамдар эркектен үч бир тууган болушкан. Улуулата алардын ысымдарын атасак: Үмөталы, Шарше, Абдыш. (Кыз бир туугандары туурасында менде малымат жок. Атамдын айтымында эки эжеси болгон көрүнөт.) Чоң атабыз үч уулуна тең айылдагы Жүнүшалы калпанын дин мектебин (медресе) бүтүртүптүр. Улуусу Үмөталы өз аймагынын (“Таш-Төбө” айылы) молдосу (имамы) экен да, совет өкмөтүнүн кыргыз жергесиндеги алгачкы эле жылдарында, башкача айтканда жыйырманчы кылымдын жыйырманчы-отузунчу жылдар аралыгында жаңы өкмөткө зыяндуу элемент деп кулакка тартылып, түрмөгө кесилип, тууган эл-журтуна кайтпай, артына төрт эркек, үч кыз калтырып, эч ким билбеген жат жерде сөөгү сөпөт болуптур. Ал эми Шарше аялы экөө артында эки эркек, эки кыз калтырып, түшүнүксүз себептер менен бир айдын ичинде көз жумушуп, бул дүйнө менен кош айтышыптыр. Калппы-чынбы ким билет, Үмөталы агама окшоп, өлүгүм талаада калгандан көрө деп, Шарше өз өмүрүнө өзү кол салган деген божомолду да те бала кезимде бирөөдөн эшиткен жайым бар. Шаршенин аялы да күйөөсүнүн күйүтүн тартып, бир айга жетпей көз жумган имиш.

Эми атам Абдыш туурасындагы кеп-сөзгө кезек берели. Ал 1890-жылы туулуп, жыйырмага жетип-жетпей, азыркы Көпүрө-Базар айылы тараптагы жалпысынан кыржы деп аталган уруунун он беш жаштагы Сыйнап деген ак саргыл сулуу кызына үйлөнүп, өзүнчө түтүн булатыптыр. Жараткан атама кем туяктыкты энчилегенби, Сыйнап болгону бир гана кыз төрөп, анын атын Гүлжамийла коюшуптур. Өйдөтө айтып өткөндөй, атамдын Шарше деген агасы аялы экөө бир айдын ичинде көз жумушуп, алардын, жаштары боюнча улуулата атасак Ажар, Момункул Гүлжамал, Осмонкул деген эки кыз, эки эркек балдары томолой жетим, ал эми Үмөталынын Эшенкул, Сопукул, Кожокул, Алымкул аттуу эркек балдары, Саарагүл, Батма, Кенже деген кыздары атасыз жетим калышат. Үмөталынын да, Шаршенин да эркек балдарынын аттарынын аягына «кул» мүчөсүн жалгаштырганы, бу совет өкмөтү кул заманы, кийин балдардын өмүрлөрүнө зыяны тийбесе экен деген амалдарынын бири экени белгилүү.

Шаршенин төрт баласы Абдыш менен Сыйнаптын колуна өтөт. Үмөталынын балдарына да атам сыртынан баш-көз болот. Кийин чоңоюшуп, Момункул үйлөнүп, Ажар менен Гүлжамал турмушка чыгышып, Осмонкул он үч-он төрттөргө келгенде атам Сыйнап менен ажырашат. Бул ажырашуунун эки себебин айтып жүрүшөт. Биринчиси, Сыйнап катуу ооруга чалдыгып, кийин айыгып, бирок бети-башы бузулуп, оттун жалынынан күйгөндөн калгандай болуп, бырышып-тыры-шып, алаланып, үкүгө окшоп төгөрөктөнүп, эки көзү эле калыптыр. Анан жакшылык менен үй тигип, энчисин берип, өзүнчө бөлүп коюптур. Бул божомолдун туура жагы бар. Мен Сыйнап чоң апабызды көрүп калдым. Чын эле анын жүзүн бир кезде жара басып, кийин анысы айыгып, бети агала, бырыш-тырыш болучу. Экинчи себеби, кадимки эле атактуу таластык ырчы, комузчу Атай Огомбаев, дагы бир жолдошу менен эл ичин кыдырып жүрүп, атамдардыкына конок болуп калышат. Кымыздан ичишип, Атай комузда кол ойнотуп, ыр ырдап, атам да комуз күүлөрүнөн кайрып, кай бирде Курманжан датка, Шабдан баатырлар туурасында, Сарбагыш-Бугу чабыштарынан, «Катагандын хан Турсундан, хан Турсунду ант урсундан» кеп салышып, чер жазып олтурушат. Эт бышып, табак тартылат. Карашса эле эти шылынып, жалаң эле кагырап калган сөөктөр.

– Э, Сыйнап, жалаң эле сөөк ко. Эти кайда? – дейт атам аялына.

– Ап-э-эй де. Чын эле эти жок бекен? – дейт Сыйнап эчтеме менен иши жоктой, мындан бир жума мурда союлган өрүктөй болгон тайдын шагыраган жиликтерин көрүп. – А-а, арамдар. Абысындарым шылып кетишкен турбайбы?

Ошондо Атай Огомбаев атамдан он жашка кичүү экенине карабай, оюн-чындан минтип ырдайт:

Абыкемдин үйүндө,
    Төөнүн эти төрт конбойт,
    Бээнин эти беш конбойт.
    Сөздүн айтсак ачыгын,
    Сөөгү калып, эт болбойт...

Атайдын ырына катуу сынган атам ошол кечте күрпөң козу сойдуруптур. Атамдын Сыйнап менен ажырашуусунун бир себеби да ушул окуя болушу мүмкүн. «Уят өлүмдөн катуу» дегендей, мурдагы өткөн ата-бабаларыбыз жүйөлүү айтылган сөзгө катуу сынышып, аларды жер көтөрө албай калган. Ажырашуунун дагы бир себеби Сыйнап болгону бир гана кыз төрөп, анан токтолуп калганы да болушу мүмкүн.

Ошентип, эмнеси болсо да, атам Сыйнап менен ажырашып, үстүнө үй тигип, энчилеп мал берип, башка баласы жок себеп менен Сыйнаптан төрөлгөн кызы Гүлжамийланы сатып алдым дегенсип, атын өзгөртүп Саткын коюп, Сыйнапты жакшылык менен төркүнүнө узатыптыр. Бирок төркүндөрү оозуна чөп албаган момун Сыйнаптын малынын түбүнө арыдан бери жетишип, бети-башы бузулуп, экинчи эр албаган отуз бешке келип калган Сыйнапты коколой боз үйү менен атамдардын айылына алып келип ташташат. Төшөктө бир жатышпаганы менен тамак-ашы жок Сыйнап өз кызы Саткынды, ымыркайынан өз баласындай багып алган кайнагасы Шаршенин кенже уулу Осмонкулду эш тутуп, атамдыкына кирип-чыгып жүрө берет. Ошол эле учурда атам совет бийлиги келе электе кагазды уруусунан чыккан кыржы элинин болушу Токтоной уулу Сыдыгалынын үч кызынын ортончусу Субайда менен сүйлөшүп жүргөн кези болот. Бирок бийликке келген кедей-кембагал старчындын уулунун көзү да Субайдага түшүп калат. Старчын Сыдыгалыга барып: «Кызыңды менин уулума бересиң. Антпейт экенсиң, мурда болуш болгон деп кулакка тарттырам» деп коркутат. Өзү да жаратылышынан коркок, айласы кеткен Сыдыгалы туугандарын чакырып кеңеш курат. Чынында жыйырмага жакындап калган Субайданы кырк жаштагы атама бергенге Сыдыгалынын көңүлү бар экен. Чогулгандар кеңешип отуруп, бир жыйынтыкка келишип, алиги старчынды чакыртышып: «Азыркы заман тең заман. Мурдагы заман жок, кыздын эркине карабай, башын бирөөгө байлап бергендей. Байыбы, кедейиби, азыр кыз деген өз каалаганына барат. Биздин кызыбыз балаңды жактырбай, кийин өкмөткө зордуктап алган деп арызданса эмне болот? Ириде өзүңдүн башың кетет. Биздин кызыбыз тегин жердин кызы эмес. Анын чоң атасы Токтоной да, өз атасы Сыдыгалы да болуш болушкан тектүү кагазды уруусунун кызы. Биздин акылга көнсөңөр, төмөнтөн Каймазар, Сабатар, Жетиген, жогортон Кыржы, Жалаң-Найза элинен чакырталы да, кызды ортого койолу. Өз каалаганын тандасын. Көңүлүнө жактырганы болсо жалпы эл батабызды берип узаталы» дешиптир. Беркилер ушуга макул болушуптур. Ошондо тегерете турган элди кыдырып жүргөн болуп, Субайда Абдыштын атынын бир жак суулугунан кармаган экен...

Ошентип башынан бирин бири жактырышкан Абдыш менен Субайда ак никеге турушуптур. Ал эми Сыйнап болсо мурдагысындай эле Абдыштыкына кирип-чыгып, ичкен оокаттары менен табакташ болуусун уланта берет. Бир күнү Субайда Абдышка: «Мен күндөш болуп жашай албайм. Же Сыйнап, же мен!» деп дооматын ачык эле коюп таштайт. Ак көңүл Абдыштын айласы кетет. Баштагыдай эрди-катын болушпаганы менен жыйырма жылча бирге жашап, өзгөчө агасы Шаршенин төрт баласына өз энедей кылган кызматын ойлоп, болочоку атам Сыйнапты кыйбайт. Бир киши эмне, тамакка деле оордук келтирбейт эле. Коңшу болуп өз үйүндө түнөп, тамакты бир үйдөн ичип жүрө берсе деле болмок. Мин-тейин десе жаш келинчеги болбой жатпайбы. Чынчынына келгенде аныкы да туура. Анын үстүнө Сыйнаптын деги бир киши карай турган кейпи болсочу. Канткен күндө да бул маселе Субайданын пайдасына чечилишин билген Абдыш ар кандай ойлорго түшөт. Акырында бет түзүлүшүнүн көркү кеткен Сыйнапты чанбай турган бирөөгө баш коштурмак болот. Мурдагы заманда бир байга жалчы болуп жүргөн, аялы өлүп, жашы кырктарга барып калган Ыбырайым деген бар эле. Сыйнапка баш коштурам деген Ыбырайым эл ичинде «Чормон» деген ат менен белгилүү болучу. Эмне дегенде ооруданбы же жаратылышынанбы, айтор мурду орбоюп-чорбоюп, бетинин жартысын ээлечү. Абдыш ошого барып: «Ыбыке, өзүң билесиң, мен Сыйнап менен ажырашкам. Азыр башкага үйлөндүм. Ошо кийинки аялым: «Сыйнабың менен кайра жашай бер. Мен төркүнүмө кетем» деп чатак салып жатыры. Оорунун айынан бети бузулганы болбосо, Сыйнап өзү ак көңүл, жоош-момун аял. Таңуулап жатты деп ойлобо. Ылайык көрсөң Сыйнап экөөң баш кошуп ал. Бир топтон бери сен да аялы жок жүрөсүң. Үстүңө үй тигип, бирин-серин мал кошуп берем» дегенди угуп, бир жагы Абдыш Молдонун кушчу элиндеги кадыр-баркын сыйлап, бир жагы чын эле ыла-йыктуу аял табылбай жүргөнү себеп болуп, Ыбырайым атамдын бул сунушун кубануу менен кабыл алат.

Биздин айылда Ыбырайым, Ысак аттуулар көп. Ошол себептен кайсы Ыбырайым же кайсы Ысак жөнүндө сөз болуп жатканы белгилүү болсун үчүн атынын алдына бир сөз кошуп айтылат. Мисалы, атасынын аты менен Жоордун Ыбырайымы, уругунун аты менен Ботура Ыбырайым, арыктыгы менен Жилбик Ыбырайым, согушта колунун башына ок тийип, (балким окко атайын сол колун тосуп берип) катып калгандыктан Сенек Ыбырайым, мурду орбоюп-чорбойгондон Чормон Ыбырайым...

Мен Чормон Ыбырайымды көрүп калдым. Кара мурут, сыйда кара сакал, бети жайык, оозунан жаман сөз чыкпаган, барга-жокко тең караган, өз тагдырына ыраазы болгон адам эле. Сыйнап экөө узак жашады. Өздөрүнө окшобогон кара торусунан келген өңдүү-түстүү бир кыздуу болушту. Аты Саада.

Кыргыздын жыйырманчы кылымда чыккан атактуу акыны Байдылда Сарногоев экөөбүз айылдашпыз. Уругубуз бир, чылпакпыз. Чылпактар күңгөй, тескей жана бейбит болушуп үчкө бөлүнүшөт. Мен күңгөй, Байдылда тескей чылпагынан. Аталарыбыз алыстап, кыз алышып кеткен тууганбыз.

Немистер менен болгон 1941-45-жылдардагы согуштан кийинки жылдары Чормон Ыбырайым жакадагы чөп чапкандарга Жер-Үй жайлоосунан (азыркы алтын чыгып жаткан жер), эки чанач кымыз артынып келетат. Жолдон, Кулаган-Таштын оозунан Байдылда жолугуп:

– Чоке, кымызыңдан бир жуткузуп койсоң боло, – дейт тең ата боло. Анда Чормон Ыбырайым:

– Балам, бул өкмөттүн кымызы. Жакага чөп чап-кандарга алпаратам. Өзүмдүкү болсо эмне, сага окшогон жетимден аяйт белем, – деп бастырып кете бериптир. Байдылда кийин минтип ыр чыгарыптыр:

Кара сакал Чормонум,
    Карасын миндиң жоргонун.
    Какшап турган балага
    Кымызыңдан,
    Бир жуткуруп койбодуң.
    Ойлобогон жетимди,
    Оңбогун, Чоке, оңбогун.
    Түлөгөн мурдуң курт болуп,
    Чоке,
    Мындан бетер шорлогун...

Бул ыр бир кезде Чормон Ыбырайымдын өзүнө да жетиптир. Угуп алып:

– А-а, жаман. Кымыз өкмөттүкү дебедим беле. Ошол айтканым акылына жетпеген экен, – дептир деги бир капарына алып койбой.

Чормон Ыбырайым Сыйнаптан мурда өлдү. Атам карып калган чагында Сыйнап биздикине келип, апкыты сөгү-лүп кеткен маасысын атамдын алдына таштап: «Ме, жамап берчи» же болбосо мокоп калган бычагын апкелип, «Ме, курчутуп берчи» дечү, кадыресе кожоюн боло. Атамдын көп кол өнөрчүлүгүнүн бири өтүк ултаруу, анан жыртылып калган бут кийимдерди оңдоо эле. Атам жарыктык башка ишин таштап, Сыйнап чоң апабыздын талабын ириде аткарчу. Бала кезимде атам менен казак апам Үкүгүл казактар жакка төркүлөп кетишкенде мени Сыйнаптын үйүндө бир нече күн калтырышканы, а кишинин мага өз энемдей мамиле кылганы ушул күнгө чейин эсимде. Ошондо Жар-Таш жактагы көрүстөнгө жакын, бир бөлмө сокмо тамда Сыйнап кызы Саада экөө турушчу. Ошол Саада кийин өзүбүздүн айылдык, уругу ботура Шишбаштын Медетине турмушка чыгып, эркек-кызы болуп он үч баланын энеси болду. Эгерде атам болбогондо Сыйнап Чормон Ыбырайымга турмушка чыгат беле, жок беле, ким билет? Медет элүү бешинде боор оорудан көз жуумп кетти. Саада жана анын балдар – кыздары атама көп карыздар.

* * *

Жыйырманчы кылымдын отузунчу жылдарынын башында Абдыш, кийинки аялы – менин болочоку энем Субайда, Сыйнаптан калган кызы Саткын, Шаршенин эң кичүү баласы Осмонкул болушуп, Кетмен-Төбө жакка ооп барышат. Бирок эмне себеп менен жер ооду болушканы мага өмүр бою түшүнүксүз бойдон калды. Атамдын көзү тирүү кезинде, бала экемин, аны суроо деги бир оюма келбептир. Түкшүмөлдөп көрсөм, кандай болгон күндө да атамдын турмушуна, балким өмүрүнө залал келтирер бир коркунуч аны бучкактап жүргөн: агасы Үмөталыга окшоп кулакка тартылып кетем деп корксо керек деп болжолдойм.

Кийин Абдыштын артынан таятам Сыдыгалы, өгөй таенем, казак кызы Ракыйма, алардын жети жашар кызы Курманжан (бири экидеги, бири төрттөгү эки эркек баласы жолдо өлүп, ташка корумдап кетишет), Шаршенин улуу кызы Ажар күйөөсү Өмүрбек менен, атамдын эжесинен төрөлгөн жээни Аалы казак аялы Айсулуу менен атамды эш тутушуп, Кетме-Төбө жакка алар да ооп барышыптыр. Беделдүү кызматта турган атам баш-көз болуп, эгин-тегинден каралашып, ачарчылык жылдары ошолордун бардыгын кырылуудан сактап калыптыр.

Атамдын төмөнкүдөй айтканы эсимде турат: «Кетмен-Төбөдө мени Кристикомдун башчысы кылып коюшту. (Кийин аныктасам «Кристиком» дегени – «Крестьянский комитет» («Дыйкандар комитети») экен. Бул комитеттин эмне иш аткарып жүргөнүн билбейм, бир билгеним, атамдын айтымында тегирменден түшкөн каланын кожоюну дал ошол атам экен. Кала деген тегирмендин акысы. Бир бут (пуд) эгинде он алты кило болсо, ошонун бир килосу бир кала делинип, тегирменде калат. Атам андан ары сөзүн минтип уланткан: «Аерден мен Токомду таап алдым. Кадимки эле Сатылган уулу Токтогул ырчы. Током менен те башында эле, Талас жакка келип, эл аралап ырдап жүргөндө тааныш элем. Биз барган учурда Током жарыктык анча-мынча кеселдеп жүрүптүр. Анын үстүнө оокаттары да тартыш. Тегирмендин каласынан түшкөн эгинден сегиз бут буудай, жети бут жүгөрү бердирткем. А кишини үйгө чакырып конок кылып, ырдатып, күүлөрүнөн черттиргенбиз. Үч жылдай туруп, аерден да кетмей болуп калдык. Субайда экөөбүз Током менен коштошкону атайын үйүнө бардык. Кесели күчөп, төшөк тартып калыптыр. Коштошуп жатып ал жарыктык: «Абыке, сага эки дүйнөдө ыраазымын. Эгин-тегинден каралашып турдуң. Эми-и, келинчегиң этегинен жалгабай жүргөн экен, мен бир жакшы батамды берейин. Кудай буйруса бир эркек балалуу болосуңар. Аныңар чоң өнөрлүү болот. Ошол балаңар чертип жүрсүн. Өз колум менен чаап, чертип жүргөн эң акыркы комузум. Жоготпой алып жүргүлө. Кийин балалуу болуп, чоңойгондо Кетмен-Төбөлүк Сатылган уулу Токтогул ырчы батасын берип, сага арнаган комузу эле деп айткыла» деген.

Кийин атамдар жерден жер которуп, адегенде Аксыга, анда бир жылдай туруп, андан Ферганага түшүп, анча-мынча баш калкалап, аерден жүк ташуучу поюзга жармашып, Казахстандын Меркиси тарапка келишет. Токомдун батасы тийип, балалуу болоруна ишенген Субайда бечара көчкөн жеринде бүтүндөй үй-мүлкү калса да, Токомдун тартуулаган комузун колунан түшүрбөй алып жүргөн экен. Улуу ырчы Токтогул Сатылгановдун ыйык батасы кеч болсо да тийип, ата-энемди, өзгөчө апамды зарыктырып жүрүп, атамдын айтымында 1938-жылы казак жергесинин Мерки аймагында мен бул жарык дүйнөгө келем. Киндигимди казак кемпир кесип, киндик каным казактын талаасында таамптыр. Ат койгонго келгенде ары кетип-бери кетип отурушуп, кеңеш өкмөтүнүн тушунда төрөлдү деп, атымды Кеңешбек болсун деген жыйынтыкка келишиптир. Ошондо эл арасында отурган ошол жердеги казактардын биринин жети жашар кызы: «Кыргыздын баласы казакта туулду, аты Казакбай болгону дурус ко» деген экен. Ошого макул болушуптур. Ошентип атам менен апамды зарыктырып, алар баш кошкондон он жылдай убакыт өткөндөн кийин гана барып жарык дүйнөгө келиптирмин. Атамды билбейм, мен көрүнгөндөгү апамдын кубанычы айтып түгөнгүс болгон деп көрүп-билгендердин айткандарын кийин угуп жүрдүм. Мен чедирейип басып калганда, апам жетине албай: «Балакет-мээнетиңди албай, апаң бул дүйнөдө эмнеге гана басып жүрөт болду экен?» деп чектен чыга жалына берчү дешет. Ошол үнү кудайга жеткенби, мен үчкө чыкканда дагы бир экинчи эркек бала төрөп, ошондо мартуу басып, (каны көп кетип), бул дүйнө менен коштошуп кете бериптир. Жаңы төрөлгөн бала да эненин эмчек сүтүн эмбей, бир айга жетпей чарчап калыптыр.

Апам көз жумганда өзүмдүн канча жашта экенимди так билбейм. Атам үчтөн төрткө караган кезиң болчу деген. Бирок апам менен байланышкан өмүрүмдүн бир-эки учуру түшүмдөгүдөй элес-булас эсимде жүргөнсүйт. Кышкы катуу суукта устаканадагы муздак темирге тилимди жабыштырып алып, чыгара албай, дагы бир жолу ысык картөшкө же ары кетпей, же бери кетпей, алкымыма туруп калганда айласы кеткен апам алактап, бирөөлөрдү жардамга чакырып, кыйкырык-чуу салган. Анан апам камыш күркөнүн (алачык) бир жак капшытында төшөктө ооруп жатып, көз жумган болушу керек эле. Кийин ушуларды сурасам, тилимди муздак темирге жабыштырганымдын, ысык картөшкөгө какаганымдын, апам Субайданын камыш күркөдө жатып өлгөнү чын экенин атам ырастаган. Анан апамдын: «Секетиң болбой, апаң бул дүйнөдө эмнеге гана басып жүрөт болду экен?», «Курманың болбой, апаң бул дүйнөдө эмнеге гана басып жүрөт болду экен?», «Садагаң болбой, апаң бул дүйнөдө эмнеге гана басып жүрөт болду экен?» деп, чыт курсак жалгыз баласына ашкере жалынганы азырга чейин кулагыма угулуп тургансыйт. «Айта берсе адамдын үнү кудайга жетет» дегенге айла жоктон ишенет экенсиң. Мен кийин акын болуп, апам туурасында төмөнкүдөй ыр жаздым:

Жалгыз мени калтырып бул дүйнөгө,
    Жаш бойдон көз жумуптур кайран энем.
    «Жакшы эле,– деп билгендер айтып калат –
    Жаркылдап ачык кабак, пейли кенен».

«Садагаң, секет кетпей эмне жүрөм?»–
    Мага ушинтип жалына берген экен.
    Ошол үнү кудайга жетсе керек,
    Отузга жетип-жетпей өлгөн экен.

Аялым балдарыма жалынганда,
    Апамды, эбак өткөн, эстей берем.
    «Анчалык жалынбачы аларга» деп,
    Астыртан аялымды тескей берем.

Орто жаш артта калды, антсе дагы,
    Өз эненин мээримин сезбей келем.
    Апамдын алпештеген жалгыз сөзүн,
    Аялымдан табалбай издей берем.

1990-жыл

«Жакшы тилек – жарым ырыс» дейт кыргыздар. Бул деген дүйнөлүк философия. Эмнени ойлосоң, эмнени тилек кылсаң ошонуң ишке ашат. Азили оюңа жамандык алба. Жакшылык жөнүндө гана ойлон. Жакшылыкты гана тилек кыл. Жаман түш көрсөң да жакшылыкка жору. Бай болом десең байыйсың. Жакшы тилекти, жакшы ой-максатты жаныңа бек түйүп алып, эмгектен. Баштаган ишиңди жарым жолго таштап койбо. Ден соолугуң да дилиңдин, аң-сезимиңдин тазалыгына, акыл-оюңдун туура багытталышына жараша болот. «Жаман кишиден оору кетпейт» деген кыргызда сөз бар. Анткени анын ой-тилеги ар дайым терс багытта. Дагы айтам, өзүңө да, өзгөгө да жамандык ойлобо. Жаман адамдан, жаман иштен, жаман ойдон, жаман сөздөн, жаман көздөн кач!

«Өлгөн өз шору» дейт кыргыздар. Жарыкчылыктын ырахатын көрбөй, эртелеп көз жумган өз энемдин эле шору болду. Атам элүү жашында казактын жыйырма жаштагы солкулдаган жубанына үйлөндү. Мен деле жетимдиктин азабын жакшы эле тартып, бир киши болуп өсүп жетилдим.

Апамды кадыресе көрүп-билип калган Кенже чоң апамдын Субайда жөнүндө айтканы: «А-а, кагылайын, Казак. (Мени айылдагылардын дээрлик бардыгы «байын» алып таштап, «Казак» деп чакырышат), Субайдадай киши бар беле? Андайлар чанда чыгат эмеспи. Ичинде бир кири жок, колунда болгонун аябаган жан эле. Жаркылдап маңдайы ачык, оозунан жаман сөз чыкпаган, улууну да, кичүүнү да бирдей сыйлачу. Тегин жердин кызы эмес эле да. Атаң апаңдан бир топ улуу эмес беле. Сиз деп сүйлөчү. «Жакшынын жашы кыска» деген чынбы, эрте кетип тынбадыбы. Дагы кудайга шүгүр, артына бир туяк калтырып. Субайда ушу өзүңө түспөлдөш, эриндери калыңыраак, күлгөндө аппак тегиз тиштери жарашыктуу жаркырап турчу. Кара торунун сулуусу эле да. Казак, кагылайын, кез-кезде апаңдын арбагына багыштап куран окуп жүр».

Акыйкатта апамдын арбагына арнап куран деле окуган жокмун. Биздин муун советтик мектептен билим алып, тарбияланып, ислам дининен алыс болдук. Куран окуганды үйрөнбөй калдык. Советтик социалисттик түзүлүш кулап, динге ишенгендерге кеңири жол ачылды. Бирок мен динди пир туткан жокмун. Ошондой болсо да атам Абдыш Молдонун:

«Балам сен, жамандыкка барбай жүргүн,
    Байгамбар осуятын кармай жүргүн.
    Шарыяттын жолунан чыкпай жүргүн,
    Шайтандын азгырыгын укпай жүргүн!»

деп айтканы менин жашоо-эрежемдин негизи болду. Өткөн өмүрүмдө бир да бирөөгө кылдай жамандык кылбадым, урук-тууган, жек-жааттарыбыздын жетим-жесирлерине колумдан келген жардамдарымды аябадым.

Жашым улам өйдөлөгөн сайын жашоомдун бей-кутчулугун «бузган» чыгармачылык өнөрлөр менен алек-тенип келем. Жазуучу-акын катары аңгеме, повесттерди, ырлар-поэмаларды жазып, комуз, домбура чертип, бул эки аспапта күүлөр чыгарып, өзүмдүн ырларыма обондорду жаратып, комуз домбурага кошулуп, обон созуп, Кыргызстан-дын белгилүү инсандарына ырлар арнап, сүрөттөрүн кошо тартып, тамашалуу кыска аңгемелерди жазып жүрөм.

Апамдын арбагына деп чыгарган «Кайран энем» деген комуз күүм чертилип, артынан төмөнкү ыр коштолуп ырдалат:

Жар болуп, кырк жаштагы атабызга,
    Жашы жыйырма куракта келген экен.
    Көкүрөк муң, көздөрү жашка толуп,
    Көп жылы күтүп, мени көргөн экен.
    Ошол тарткан азабы жетпегенсип,
    Отузга жетип-жетпей өлгөн экен.
    Кан жутуп, кайгы басып атам байкуш,
    Казактын талаасына көмгөн экен.
    Атабыз элүү жашта жалгыз калып,
    Ажалдын мыйзамына көнгөн экен.
    Ападан эрте калып бу Казакең,
    Азабын жетимдиктин көргөн экен.
    Ошондо жыйырмадагы казак кызы,
    Ордуна эне болуп келген экен.


Ушул күүм менен ырым тапкан энем кыргыз кызы Субайданын арбагына түбөлүк окулуп калган «кураным». Анан тун уулум Нурландын экинчиси кыз болуп төрөлгөн небереме апам Субайданын атын энчиледим. Арабдардын айтылышында бул небере-кызымдын аты Зубейда болду. Апамдын калган өмүрүн ушуга берсин.

* * *

…Мен эс тартып калганда бир үйдө төрт адам тур-чубуз: атам, мен, казак жеңем Айсулуу, жеңемдин Аалыдан туулган баласы Саяк. Атамдар Кетмен-Төбөдө турушканда атамдын жээни Аалы (атамдын мен аттарын билбеген эки эжесинин биринин баласы) менен анын казак аялы Айсулуу атамдардын артынан барышкан экен. Ошол жакта жүрүшкөндө Айсулуу бир эркек бала төрөп, саяк элинде төрөлдү деп, атын Саяк коюшат. Атамдар Кетмен-Төбөдөн кетишип, казактардын Мерки аймагы жакка келишкенде, Аалы, аялы Айсулуу, баласы Саяк болушуп, Кетмен-Төбөдөн Таласка кайтып келишет. Аалы ооруга чалдыгып, тез эле кайтыш болуп кетет. Ошондо атам казактар жактан Осмонкулду ала келип, Айсулуунун андан жети-сегиз жаш улуу экенине карабай, экөөн баш коштуруп койот. Анткени күйөөсү өлгөндөн кийин Айсулуу баласын алып, казактардагы төркүндөрүнө кетмек болуптур. Ошондо кыргыздын баласы Саяк бөтөн эл-бөтөн жерде кор болуп калбасын деп, атам Айсулууну Осмонкулга күч менен эле алып бериптир да, казактарга кошо ала барып, өз үйүнө кийирип алат. Анда Субайда апам тирүү экен.

Аңгыча немистер менен согуш башталып, Осмонкул армияга, Саткын эжем Пржевальскидеги (азыркы Каракол шаары) мал догдурдун окуусуна кетип, энем Субайда өлүп, эми эле жогоруда айткандай бир үйдө атам, мен, Айсулуу жеңем, баласы Саяк болуп, казактын айдың талаасындагы жаман сарайдын жанындагы, жадакалса далиси да жок, колектелип согулган, төбөсү чым-топурак менен жабылган бир бөлмө эски тамда баш пааналап турчубуз. Эсимде калганы: айлана туманданып боз чалган ээн талаа, улуп-уңшуган бороон-чапкын, ызгаар суук, ачкачылык...

Биз атам экөөбүз бир жатчубуз. Жеңем менен баласы Саяк өздөрүнчө наркы капшытта жатышат.

Атам таң эрте туруп, бир жакка кетер эле. Жаман эшик ачылганда, ансыз да муздак үйгө ызгаар шамал ыркырап кирчү. Мен жүндөрү бөлтөк-бөлтөк болуп бөлүнгөн эски жуурканга бек чүмкөнүп алам. Бүрүшүп тиземди кучактап, бир капталыман жатам. Эми мен, атам кетти болду, уктай албайм. Мага үзүл-кезил улуган добуш келет. Менин оюма тиштерин шакылдаткан ач карышкырлар түшөт. “Кудай-ай, атамды жеп коюшпаса экен. Бүгүн кечинде аман-эсен келсе болду”, деп тилейм. Ой бир кеч кирмеги тозок да! Күүгүм кире жаздап калганда атам келет. Саксактап жүргөн мен алдынан жүгүрүп чыгам. “О, садагаң болоюн. Ачка болгон жоксуңбу?-деп атам бубак баскан сакал-муруту менен чекемден жыттайт. Мен атамдын коюнунда сөзсүз жей турган бирдеме бар экенин билсем да сурабайм. Анткени бербесин билем. Таап келгенин үчөөбүзгө тең бөлүштүрөт. Тамактан мурда мага атамдын карышкырларга жем болбой аман-эсен келгени олжо. Үйгө жайланышып отургандан кийин, мен минтип сурайм:

– Ата, эртең менен сен кеткенде карышкырлар улуду. Жолуңдан аларды көргөн жоксуңбу?

– Жок, балам. Кайдагы карышкыр? – деген атамдын бир гана жообу бар.

Менин минтип коркушумдун дагы бир себеби, жеңем бир жолу:

– Сорлы Калебайды каскыр жеп кетипти, – деп айтканын уккан жайым бар эле.

Жарыбаган кечки тамагыбызды ичээрибиз менен, шайтан чырагданды өчүрүп жатабыз Сыртта баягы эле бирдеменин улуганы үзүл-кезил угулат. Эми мен эчтемеден коркпойм. Атам деги жанымда. Андан бир жагымдуу жыт келет. Өзүмчө ойлойм: “Атаңгөрү, атам эртең деле эч жакка барбаса. Колтугунан чыкпай, ушинтип жыргап жата берсем”. Атам эмне ойлоп жатканын билбейм. Кез-кезде гана оор улутунуп койот. Анан көпкө жатып: О, садагаң кетейин, жараткан, артын жакшы кыла көр”, деп мага белгисиз бирөөгө жалынат да, оңдонуп жатып, уктоого камынат.

Атам анын эртеси тамак да ичпестен (жок болсо эмнени ичет эле) бир жакка кайра жөнөйт.

Эсимде калганы чын болсо, атам менин курсагымдын камын көп көрөр эле. Кай бирде ал өзү менен мени кошо ээрчитип алып, бирөөлөрдүкүнө барчу. Чапанынын ичине жука чабылган өрүк комузду байланып алчу.

Биз барган үйдүн ээси эмнегедир атамды жылуу кабыл алат. Ардактап төргө өткөзөт. Атам сырткы чапанын чечип, желбегей жамынып, эски кийиздин үстүнө малдаш урунуп отурат. Комузду нары жүккө жөлөп койот. Мен да атамдын сол жагынан орун алам Менин эки оюмдун бири эле: “Качан дасторкон салынып, тамак алдыга келет?” дегенде. Күткөнүм ошо.

Дасторконго өзүм батынып түк да кол салбайм. Атамды капталга, болбосо санына түрткүлөйм. Менин эмне деп жатканымды атам айттырбай билет. Бир сындырым нанды алып мага берет Ач көздөнө сугунам. Жеп болуп, лукуя дасторконду карайм. Колум эрксизден атамдын капталын кайра түрткүлөйт.

Чеке жазылып, бир аз жайланышкандан кийин, атам комузду алып, күүлөгөнгө кирет. Дың-дың дегизе көпкө бурайт. Үй ичиндегилер бүт дитин атама койот. Атам күүбү, айтор билбейм, сол кулагын сала бирдемени чертет. Ар бир күүсү бүткөн сайын, комуздун кулактарын кайра бурап турат. Мен комуз чертилип жатканда атамдын тынчын албайм. Бүтөрү менен кайрадан түрткүлөй баштайм. Атам ырдачу эмес. Күүлөрүнүн арасында бирдемелерди сүйлөчү. Отурган-дарга комуз күүлөрүнө караганда, атамдын айткандары кызык көрүнүп, аябай ынтааларын коюп угушчу. Кийин билсем атам өткөн-кеткен кызыктуу окуяларды келиштире айткан санжыра жазган, сөзмөр киши экен.

Чайдан кийин казанды карап калабыз. Жеке мен эле эмес, негизги тамактын келишин үй ичи бүт эле күтүшкөндөй көрүнөт мага. Тамак ичилип бүткөн соң, атам комузун кайрадан кыңгыратып кирет. Ар нерселерди сүйлөшүшөт. Курсак кампайып, көзүм сүзүлүп, жаным жер тартат. Атамдын бир жак тизесине башымды койом.

– Уктаба. Үйгө кетебиз, – дейт атам.

Чын эле мындайда жети түн болсо да, калбай өзүбүздүн үйгө барабыз. Айсулуу жеңем менен баласы Саяк акыйышып атамдын колун карашат. Атам койнуна ката келген бир сындырым-жарым сындырым нан болсо алып чыгып:

– Ме, балам. Болгону ушул экен. Жеп койгула, – деп жеңеме сунат.

* * *

Ушул кышта биздикинде бир чоочун аял пайда болду. Адегенде мен анын ким экенин билген эмесмин. Айсулуу жеңем баласы Саяк экөө бизден бөлүнүп, жаныбыздагы дагы бир жаман тамга киришип, мурдагы бөлмө-тамда атам, мен, анан ошол чоочун аял жашай баштадык. Кызыгы, мурда атам экөөбүз бир жатсак, эми болсо негедир мага түшүнүксүз себеп менен мен өзүмчө бөлөк төшөктө жатып, атам менен тиги чоочун аял бирге жата турган болушту. Келгенине бир күн болбой жатып, атамды ээлик кылып алганына түшүнбөй, тиги аялды алгачкы күндөн баштап эле жек көрүп калдым. Мен ошондо атам меники, менден башка кишинин эч тиешеси жок дечү элем да. Балдарга али түшүнүксүз, алардын ою менен дал келбеген турмуштун башка ою-кыры бар экени менен ал кезде менин ишим эмне?

Бул өгөй энем күң тамак киши чыкты. Атам таап келген жылтыраган бирдеме болсо, мени эшикке чыгарып коюп, өзү үйдүн ичине бекинип алып жечү. Мага сууга умачталган талкан берчү. Айсулуу жеңемди жаман көрүп жүрсөм, бул неме андан бетер кокуй экен. Аз күн болбой колу да тийди. Мен атам келгенде болгонун болгондой кылып айтып даттанчумун. Атам адегенде кой-ай деди. Ага болбоду. Уруп да көрдү. Буга да болбоду. Ошол аял мени урарын уруп алып: «Атаң келгенде айтсаң өлтүрөм» деп коркутар эле. Жүрөгүмдүн үшү кете элекпи, анын үстүнө атамдын мени жакшы көрөрүнө ишениппи, баары бир атам келгенде болгонун болгондой, төкпөй-чачпай айтып койчумун. Бул аял менен менин жылдызым келише албасын, балким майып кылып койот деп чоочуду го, атам аны акыры кетирип тынды. Ал аялдын кетишинин атам үчүн мааниси канчалык, аны билбейм, жеңем баласы экөө, анан мен болуп аябай эле сүйүндүк. Тигил аял келгени жеңем менен Саяк да биздикине баш бакпай калышкан. (Кийин билсем, ошол аял атамдын жердеши, мандеми бар төрөлгөн Төрөкул деген кыргыздын кызы экен. Төрөкулдун эки колунда тең үчтөн гана манжалары бар экенин кийин биз Талас жакка барганда өз көзүм менен көргөмүн).

Ошентип чоочун аял кетип, Айсулуу жеңем менен баласы Саяк биздин үстүбүзгө кирип, мен кайрадан атам менен жата турган болдум. Атамдан кандайдыр бир жагымдуу жыт келет. Колтугуна жашынып, анын жытын искеп жатсам жыргап уктайм. Балалыгым экен да, ошондо өмүр бою эле атамдын колтугунан чыкпай жүрсөм деп тилек кылчу элем.

* * *

Көкөйүбүзгө көк чайдай тийген кыш өтүп, жаз келди. «Кыштын кыштай болгону эле жакшы» дешет. Токчулукта ушинтпесе, жокчулукта кыраан кышың мал-жанды жакшы эле жүдөтөт экен. Мен ошол жылдары, андан кийин да: «Эптеп көктөмгө илинсек, ирденип кетебиз» деген сөздү көп угаар элем. Көрсө, казак менен кыргыздын минтип айткандарынын эби бар көрүнөт. Мал артынан жүргөн элдин малы жазда төлдөп сүт, ирденип эт берет экен. Эт менен сүт бул эки көчмөн элдин бирден бир тамагы тура.

Ошентип жаз келди. Талаа бетине чымырап чыккан көк чөптүн кылтыйган башы көрүндү. Кыш бою жоголуп кеткен боз торгой тунук асман алдында кубулжуткан обонун салды. Талаа бетинде чөп искеген малдын караандары көзгө чалдыгат.

Ошо кышта, атам казактардын бир колхозунун саан уйларын багып жүрүптүр. Күндө эртең менен кетип, кечинде келип жүргөнү ошол себептен тура. Кийинчерээк, күн кадыресе жылып калганда уйчулардын айылы тоо этектей барып конду. Баарыныкы шоңшойгон сайма алачык. Керегеси жок, узун ууктардын башы түндүккө бириктирилип, төмөнкү учтары тегерете жерге кагылып, үстү кийиз же таар менен жабылат. Адегенде бул чүңүрөйгөн алачыгыбызга атам экөөбүз гана баш баанек кылып жүрдүк. Айсулуу жеңем баласы Саяк экөө эмнегедир жакада калышкан. Күн сайын казак коңшуларыбыздыкынан тамактанабыз.

Аз өттүбү, көп өттүбү, бир күнү эле атам алачыгыбызга дагы бир чоочун жапжаш аялды ээрчитип келди. Кызык, кудум эле баягыдай атам тиги аял менен жатып, мен бир капшытта жалгыз калдым. Бирок мен жеңилишке учурагым келген жок. Бөлөк жатканым менен күндүзгүсүн атамды этектеп, жанынан чыкпайм. Жайытка кошо кетем. Атам бирөөдүкүнө айылчылап кирсе, мен да кошо кирем да, адатымча жей турган бирдеме көзүмө урунса атамды түрткүлөй баштайм.

Бир жолу атамды кыйпычыктай дагы ээрчип, бир үйгө кирип калдык. Чыгдан жакта казандын капкагынын ички бетине курут жайып койгон экен, ошого көзүм түшүп, атамды түрткүлөй баштадым. Атам чыгдан жакта күйпөлөктөп жүргөн жаш аялга кайрылып:

– Ке, балам, алдагы курутуңдан бирди берип койчу, уулума, – деди кантсе да кошоматтана.

Аял бизди бүшүркөй карап, анан куруттан бирди алып, мага суна берип, казакча минтип кобурап койду:

– Ай, сорлы байкустар, бу аелден да жарыбаган кө-ринесиңдер. Осы тышкандай баланың кардын тойгызмай.

Жаңы эле ката баштаган куруттун чекесинен кертип кемире баштаганымда, кайдан-жайдан келгенин билбейм, балким аңдып турганбы, жаңы апам кирип келди да, үйдөгү элди да көзүнө илбей, колумдагы курутту жулуп алды эле, ката элек курут быркыранып кетти. Колунда калганын тетиги куруттардын үстүнө чачырата ыргытып жиберип, мени дегдеңдете жетелеп алып жөнөдү. Өзүбүздүн алачыгыбызга кирип, мени күч менен жерге ныгыра отургузуп:

– Акеңди ертип жүргендей, не, сениң шешең жокпа, ия?! Баскадан сурап ишкендей не, өз үйиңде аукат жокпа, ия?! Аш жүрсең, ме, же! – деп, үйдө болгон тамак-аштын баарысын алдыма жайнатып салды: каймак май, айран, нан. Ал эмес алардын арасында жанагы үйдүн курутундай курут да бар экен. Мен эмне кыларымды билбей, бултуюп отуруп калдым. Минткеним бул апамды коркутканым болучу. Менин оюмча жанагинтип дегдеңдетип сүйрөп келгени үчүн бул апам сөзсүз жазаланууга тийиш эле. Мен бул жазаны атамдан күттүм. Бир аздан кийин атам келди. Ал азыр: «Бул эмне кылганың?» деп апамды тилдейт, болбосо урат дедим. Бирок атам антмек түгүл, коркок билиш боло, коломтонун чекесине келип, унчукпай малдаш токунуп отура кетти. Апам эми атама бир тийди:

– Мен сендерге киммин, ия? Бүтиндей журтка серменде кыла турган болдыңдар гой, мен сендерге тамак бермейтин болгансып... – жыйырма жаштагы өгөй казак апам сөзүнүн аягына чыкпай, буркурап ыйлап жиберди. Ал ыйлай берди. Элүү жаштагы атам унчукпай, коломтону ойлуу тиктеп отур-ду. Бир оокумда ал башын өйдө кылып:

– Болду эми. Ыйлаба. Казак мындан ары мени ээрчибейт, – деди. Жай айтылса да анын үнүндө так кесерлик бар эле.

Мына ошентип, биринчи жолу оор жеңилишке учурадым. Ушундан кийин чын эле атамды ээрчибей турган болдум. Кийин ойлоп көрсөм, атам бул энем менден колдо болгон тамагын аябасын, ал эми кагып-согуудан менин эчтеме болбосумду түшүнүп, ошол себептен артынан ээрчитпей калган көрүнөт. Бул энем атамдан отуз жашка кичүү эле да, апам мага ачууланып, болбосо какыс-кукус кылып койгондо, атам ага кийлигишпей, кайра апама кошулуп, мени анча-мынча жемелеп коюшу, ошо жаш апама баш ийип бергендиги болсо керек. Атам жокто апамдын мага карата жасаган терс мамилеси туурасында эми атама түк да айтпай турган болдум. Анткени андан эч пайда жок экени мага күн өткөн сайын маалым боло берди.

Мен өз эне менен өгөй эненин айрымасы эмнеде экенин билбей калдым. Өз энем акыл-эске анча кире элегимде өлүп, анча-мынча атамды этектеп, анан шыр эле өгөй эненин колуна өттүм. Деген менен бул апамдын мүнөз-жоругу катаалыраак чыкты. Тилин да уктум, кай бирде бир-эки муштап калмайы да болду. Бирок анысын бир да жолу өгөйлүккө ыйгарган эмесмин. Бул апам мени какыс-кукус кылып койгондо: «Атаң көрү, өз энем болгондо ушинтет беле?» деп деги бир оюма келген эмес. Балким өз эненин мээримин татып калгандар өгөйлүктүн маанисин түшүнүшөөр.

Кийин чоңоюп, мектепте окуп, кадыресе акыл-эсим ордуна келип калганда, өзүмдүн кыргыз таякелерим тараптан, анан чылпак-кушчу туугандарымдын арасынан: «Сен жетимдиктин азабын жакшы эле тарттың. Өгөй өгөйлүгүн кылбай койбойт экен» дегендер чыгышты. Алардын андай сөздөрүнө кулагымды төшөбөдүм. Бул апамдын мүнөзү канчалык катаал болсо да, турмуштун ачуу-таттуусун бирге тартышып, улгайып калган атамдын өмүрлүк жары болду. Өз очогубуздун түтүнүн булатты. Атаны аркалабай, энеге эркелебей, бирөөлөргө кошоматы жок, өзүмө гана ишенген мүнөз-жорукта калыптанышыма, балким корккондон болсо да мойнума тагылган иштерди так аткарып, өжөрлөнө өтөсүнө чыгышыма дал ушул казак апамдын бала кезден мага койгон катуу талаптары себеп болду деп терең ишенем.

* * *

Күзгө тарта, уйчулардын айылы тоодон жакага түшөрдө атам Таласка кетебиз деп камынып калды. Жакадан Айсулуу жеңем менен баласы Саякты алдырып, апам сааган уйларды ошого тапшырды. Таласка кетебиз деп камынып жүргөн күндөрдүн биринде атамдан минтип сурадым:

– Ата, биз кайда барабыз? – Өзүбүзчө экөөбүз гана олтурганбыз.

– Талас деген жерге.

– Ал кайда?

– Мүнөгү тоолордун ары жагында.

– Аякка эмнеге барабыз?

– Өз эл, өз жерибиз ошоякта.

– А өз эл, өз жер деген эмне болот?

Атам бул суроомо ойлоно түшүп жооп берди:

– Өз эл, өз жер деген биздин ата-бабаларыбыз туулуп өскөн жер. Сенин жети атаңдын баары ошол Талас деген жердин те жогору баш жагын жердеп келишкен. Аерде биздин урук-туугандарыбыз бар. Бизди жалпы жонунан кушчу эли деп коюшат. – Бирок мен атамдын айткандарынын эчтемесине түшүнгөн жокмун. Атам мунумду байкады көрүнөт, сөзүн минтип улантты:

– Эми сен минтип чоңоюп келатасың. Кудакааласа эки-үч жылдан кийин үшкөлгө барасың. Ага чейин тил үй-рөнүшүң керек. Өз эне тилиңди – кыргыз тилин. Сенин тилиң казакча чыкты. – Баары бир атамдын айткандарынын эчтемеси акылыма жеткен жок: казагы ким да, кыргызы ким?

Ошентип, Талас жакка мына кетебиз дегенге жак-ындаганда кайдан-жайдан эки буту мунжу кемпир пайда болуп, атама чатак сала кетти. Үйдө атам, жаңы казак апам, мен, кемпирди замбилге салып көтөрүп келген эки баласы, апамдын бир тууган инилери Өксүкбай менен Жумадил бар болучу.

– Ай, Абдеш, кететин болсаң өзиң кет. Кызым бар-майды. Бомаса кызым керек экен, биерде кал, – дейт кемпир көшөрүп.

– Э, жарыктык, айттым го. Мына бу жалгыз балам чоңоюп келатат. Өз эл-өз жерин көрсүн. Тууган-уругун таанысын. Канча жылдан бери бирде саякта, бирде казакта менин сандалып жүргөнүм деле жетишет. Эми мына, эки-үч жылдан кийин уулум окушу керек, – дейт атам бир аз кызуулана.

– Сенин балаң эле бала болуп, мындагы элдин баласы далада жатыппа? Бармайды дедим, бармайды. Ай, неге тултуясың? – дейт кемпир апама кыйкырып. – Кыргызга кеткендей, не, бир казак табылмайды дейсиңба?

Апам көзүнүн жашын мөлтүлдөтүп ыйлаганы менен унчукпайт. Же апасы менен бир туугандарын кыя албай, же атамды кыя албай, бечара казак апам эки ортодо чайналып отурду. Эң акырында атам минтти:

– Мейли, өзү билсин. Барбайм десе кыстабайм. Жалгыз баламды жетелейм да, кете берем.

Кептин баары апамда калды. Ал көз жашын сүртүнүп, өңү мостойо түштү да, чечкиндүү сөз таштады:

– Апа, жалгыз калып жаткан жериң жок. Сомодой болгон эки балаң туру: Өксүкбай менен Жумадил. Казак деп мурунку күйөөмдөн чекем жылыды беле? Күндө көгала койдой сойчу эле. Анан деги азыр айылда көзгө басар жигит барбы? Бардыгы согушта жүрүшөт. Кимиси бар да, кимиси жок. Мен экинчи эр кылатын согыска кеткен Коржынбай кайда? Каншадан бери кат-кабар жок, дайынсыз кетти. Биерде калатын болсам, казактын бир шалына тий дейсиң эртең эле. Одан көрек ак батаңды берип, Абдеш пен узат.

Кемпир так кесерип отуруп калды. Бирок апа деген апа экен, ошол казак таенебиз анын эртеси ыйлап-сыктап жатып, ак батасын берип, кызын кыргызга узатты. Биз менен бүт айыл келип коштошту. Жыйналып отурган эл алдында атам сөз сүйлөдү:

– Казак, кыргыз илгертен ирегелеш бир эл – бир журтпуз. Кыз алышып, кыз беришкен салтыбыз да бар. Кудаанын буйругу экен, араңарда бир топ жыл туруп калдым. Өгөйлөбөй өз бооруңарга тартып, ач болсоңор ач болуп, ток болсоңор ток болуп, күн көрдүм. «Кудаа кылса кубарыңдын акысы барбы?» дегендей, мынабу жаман эменин апасын силердин жерге бердим. Бирок кудайдын мунусуна да шүгүр, казак жеринде бир перзенттүү болдум. Эми ушунум аман болсун. Ушунум туяк болуп берсе болду, – деди атам жанында отурган мени үстүртөн карай берип. – Субайда бейиши болгур, өлгөнү менен балам жаңы апалуу болду. Өлбөй тирүү турсам, ушу бир кызыңарды кор кылбасмын...

 

Биз жолго чыктык. Үчөөбүз тең жөөбүз. Атамдын жонунда жол азыгыбыз салынган гана баштык. Белинде Токомдун комузу. Мени жолдо көтөрүп калабыз дешип, ашык баш буюм-тайым алышкан жок. Ошондо мен чарчаганда атам менен апам алмак-салмак аркаларына алып, нечен-нечен кыя жолдорду, белдерди басып өткөнбүз. Анан казагы болобу, кыргызы болобу, жайлоодон түшө элек малчылар жолоочулар экен дешип, төрүнө төшөк салып отургузуп, болгон тамак-ашын берип, караңгы кирип кетсе үйлөрүнө жаткырып, сый-сыпат көргөзгөндөрү күнү бүгүнкүдөй эсимде. Атаң көрү десең, мурдагы казак менен кыргыздын пейилиндей пейил бар болду бекен, бул дүйнөдө?

Ашуунун туу белине чыктык. Атам жонундагы баштыгын, белиндеги комузун чечип, жол жээгине коюп жатып:

– Бир аз эс алалы, -деди. – Апам отура кетти.

Атам эки колун артына алып, тэ түштүк тарапка, аркайган тоолорго көз чаптыра берип:

– А, атыңдан айланайын, Талас, Жаткан экенсиң го чалкайып, – деди.

Апам болсо ошо отурган бойдон сагынычтуу түндүк жакты, Чүй тарапты карап отурду. Анын көздөрүндө жаш толуп турду. Көздөрүн ирмеди эле, эки тоголок жаш бети ылдый тоголонуп түштү. Апамдын эмнеге ыйлап жатканын мен анда түшүнгөн эмес экем. Азыр ойлосом өз эл, өз жеринен биротоло кетип жатканына ичи ачышып ыйлаган тура!

Ошентип, казак жергесинде туулуп, киндик каным казактын айдың талаасында таамп, ошол элдин аты менен Казакбай аталып, тилим казакча чыгып, жаңы жаш казак апалуу болуп, 1944-жылы күзгө тарта Чөңөр ашуусун жөө ашып, өз мекенибиз, касиеттүү кыргыз жергеси Таласка кайтып келдик.

Кайсы бир көп бүлөлүү, жүдөп-какаган тууганыбыздын үстүнө келип кирдик. Көчөсү жок, анда-мында самсаалатып салынган жаман-жуман там-таштары бар Таш-Төбө деген айыл ушул тура. Биерде деле жыргаган эчтеме жок экен. Ачарчылык элди муунтуп туруптур. Жашоонун ылайыгы болбой, ошол эле жылы кеч күздө Чат-Базардан төмөн, бөксөлөй жаткан бир айылга көчүп кеттик. Жалпы уруусун айтканда кенчимдер деп коюшат. Көрсө ошол элде күйөөсү согушка кетип, жалгыз баласы менен жашап жаткан, атамдын колунда өсүп чоңойгон карындашы, Күкү деген атка биротоло көчүп алган Гүлжамал эжебиз турат экен. Күкү атамдын агасы Шаршенин кызы. Осмонкулдун бир тууган эжеси.

Согушка кетип, күйөөсү Сопубектен кат-кабар жок Күкү апам (эмнегедир ушул эжебизди көзү өткөнчө «Күкү апа» деп атап жүрдүм), менден бир жарым, балким эки жаш кичүү баласы Ултарбек экөө кире беришинде караңгы тар далиси бар, төрт көз кичинекей жалгыз терезелүү, үстү чым-топурак менен балык жон кылып жабылган бир бөлмөлүү сокмо тамда турушат экен. Ошол чакан бир бөлмөгө эми бешөөбүз тыгылыштык. Ылай, сокмо менен согулган топурак тамдары бар, баш-аягы ийри-буйру бир көчөдөн турган ошол айыл «Ударник» колхозу деп аталчу.

Атам колхоздун бригадири болуп иштеп жүрдү. Күн-түнү колхоздун иши менен алек. Энесин этектеген Ултарбек экөөбүз уламдан-улам бири-бирибиз менен ынак болуп, эгиз козудай ээрчишип ойноп жүрдүк. «Аталуу жетим – арсыз жетим, энелүү жетим – эрке жетим» деген макалдын чындыгы менин көз алдымда далилденчү. Мен атама да, казак апама да, Күкү апама да эркелей алчу эмесмин. Эркелик эртелеп көзүн жумган энем Субайда менен кошо кеткен көрүнөт. Ал эми Ултарбек өз энеси Күкү апамды кой, атама эркелечү. Атам да: «Атасыз жетим – анык жетим» деп Ултарбекти аяп, аны жетим катары баалачу. Ошондой кечтерде ишинен келип, төргө чыгып жайгашып отургандан кийин атам: «Кел, Ултаң» деп өзүнө чакырып, тизесине кондуруп, башынан сылап, эркелетип отурар эле.

Кыш өтүп, жаз келди. Күкү апамдардын сарала ую музоо тууду. Айран-сүт ичип, каймакты сызгырып, сары майын бөлүп алгандан кийинки калган чөбөгөсүн жеп, жыргап калдык. Эми ойлосом немистер менен болгон согуштун жеңиши да ушул жылдын май айында келиптир. Бирок мадыра баш балдардын жеңиш менен иши эмне, балалык ойноок күндөрүбүз кадыресе эле өтүп жатты.

* * *

Ошо согуш бүткөн жылдын август айынын орто ченинде кызыл ала өгүз минип, казактардан Осмонкул келип калды. Санынан жарадар болуп, согуш бүтө электе эле бошонуп, жерине кайтып, адегенде луговойлук казактардагы аялы Айсулуу менен өгөй баласы Саяктын үстүнө барып, анан атамдар менен учурашмакка өгүз минип, Талас жакка келиптир. Осокем (Осмонкул агабызды өмүр бою ушинтип атап калдым) биздикинде бир топ күн жүрдү. Бир күнү эле кетүүгө камынып калды. Кечки тамак жайылган дасторконду тегеректеп отурганыбызда Осокем мындай кеп салды. Ал атамды «Абыке» деп чакырчу.

– Э, Абыке, Казакты ала кетпеймби. Быйыл кышта биздикинде жүрүп келсин.

Атам шыр жооп бере албай, кайсактай түштү.

– Ким билет? – деп атам мен тарапты карады.

– Биерде сүтүңөр тартыш экен. Тыякта колхоздун уюн бага турган болдум. Каймак, сүт, айран деген мол, – деди Осокем.

– Казак өзү эмне дейт? – деди атам кантсе да кыйылып.

– Барат, барасыңбы?– деди Осокем мени тик карап. Мен деле эчтеке деп жооп берген жокмун. Бирок Осокем айткан сүт, каймакты эстегенде баргым келип кетти.

– Э, Үкүгүл, сен эмне дейсиң, барсынбы? – деп айласы кеткен атам апама кайрылды.

– Барса эмне болот экен? Барса барып келсин да. Чын эле баягында мен уй саап жүргөндө айран-сүт деген кеңири эмес беле, – деп апам шыкак берип жиберди. Ага Күкү апам да кошумча болду:

– Э, Абыке, мейли, барса барып келсин да. Бөтөн эмес ко. Осмонкул кымындайынан колуңда өсүп, өз балаңдай болуп калды, – деп кантсе да өз бир тууганына жан тарткандай болду.

Ошентип иш чечилди да калды. Эртесинде таң эртең менен кызыл ала өгүзгө учкашып, Осокем экөөбүз Казахстанды көздөй жол тарттык. И, баса, Осокем мен чертип турайын деп, Токомдун алиги өрүк комузун да алып алды. Сол колу менен анча-мынча бирдемелерди кыңгырата койчу.

Байкуш ак көңүл атам өзүнүн эң кымбат эки нерсесин: каргадай жалгыз баласы менен улуу Токтогул ырчынын мурасын бирөөнүн колуна салып берип, өзү отузга жетип-жетпеген жаш аялы менен кала берди. Ошо мен сегиз-тогуз ай бөлөк бирөөнүн колунда кор болуп жүргөндө эмне муратка жетти экен атам? Атаңгөрү, ошондо атам бир эле сөз менен «Жок!» деп койсо, балалыгымдын ошо бир мезгили ошончолук кусалык, ошончолук сагынуу менен өтмөк эмес экен. Ошондо беш-алты жашар баланы өзү менен алып кетүүгө Осокем эмне үчүн кызыктар эле? Бул суроонун жандырмагы мага ушул күнгө чейин чечилбеген бойдон келатат.

Азыр түк да эсимде жок, канча күндө чүйлүк казактарга жеткенибиз. Бирок куйрук жооруп, бел уюган жол азабы азыр да көңүлдө турат. Осокемдин тили ошо бараткан жолдо эле тийди. Учкашып баратып, бир жолу талыкшып уктап кетиптирмин. Бир убакта өгүздөн шалак деп жерге кулап түшкөнүмдү бир билдим. Осокем өгүздүн мурунтугун тарта берип токтотуп, бир жериң ооруган жокпу дегендин ордуна, кайра мага ачуулана:

– Э, жаман! Ушу, жөндөп да учкашып жүрө албайсың. Тур өйдө! Кел, учкаш! – деди бакылдап...

 

Осокем чын эле уй багып, Айсулуу жеңем саанчы экен. Осокем айткандай айран-сүт арбын. Мен сүт ичкенди жакшы көрөм. Кайнатылган сүттү. Бирок ошо мен баргандан аз күн өтпөй, багасың дешип, Осокеме бир короо борук беришти. Мурдагыдай сүт болбой калды. Саала турган бир гана кой бар эле. Ошонун сүтүн кайнатып, чай катыктап иччүбүз.

Осокем кой менен жайытта болуп, үйдө үчөөбүз калабыз. Саяк менден беш алты жашка улуу. Улам убакыт өткөн сайын жеңем баласына тамакты жашырып берип, менин обурумду ачып жиберди. Обуру ачылган жаман турбайбы. Акырындап тамак уурдаганга өттүм.

Биринчи уурулугум: Осокем, жеңем, Саяк, анан мен болуп, үйдөн обочо жерде, суу боюнда биттелбеген боруктарды биттеп жатканбыз. Мени бирдеме апкеле кой дешип үйгө жиберишти. Барып эле чыгдан жакка көзүм түштү. Сүт куюлган күрүшкө туруптур. Сүттү жакшы көргөн жаным, оозумдан шилекейим агып кетти. Эмне кылсам дедим. Ичким келип илепсим акты. Бирок артын ойлоп, корктум. Билип коюшса жеңем болбосо да, Саяк мени төпөштөп коюшу мүмкүн. Ошондо беш-алты жашар балага: «Жартысын ичип, үстүнө суу куюп, күрүшкөнү толтуруп коюу керек» деген ой кайдан келди деп азыр мен айран-таңмын. Ооба, ошенттим да, тигилер жакка басып бардым. Бирок Саяк муну билип койду. Энеси берип жүргөн накта сүттүн даамын жаземдебей билет экен. Осокем үйдө жок болучу. Энесинин көзүнчө Саяк мени жакшы эле төпөштөдү. «Караң кагыр, бу не кылганың?» деп жеңем да бетимден аткылады. Ушул окуядан кийин жеңем тамагын ого бетер ката турган болуп, менин обурум андан бетер араандай ачылды. Бирок чынында, ошол согуш бүткөн миң тогуз жүз кырк бешинчи жылы тамак аябай тартыш эле. Биттелген боруктардын умаларын кайнатып жечүбүз.

Эми ойлосом Айсулуу жеңем болгон ашын менден эле аяп, жашырып-жаппаптыр. Бүтүн баарыбыз ачка калбайлы деген сарамжалдуулугу экен.

Кумга түшө электе башка малчылар менен үйүбүз жанаша болучу. Бир жолу ошолордун биринин үйүнө уурулукка кирдим. Жок, атайын уурдайын деп барган эмесмин. Осокем жиберген бир иш менен. Барсам эч ким жок экен. Оюма дароо ашкана түштү. Карасам эчтеме көзүмө урунбады. Кичинекей казан турат, капкагы жабылуу. Көпкө ойлонбой капкагын ачсам көжө бар экен. Сүт катыкталган күлчөтай көжө. Ойлонуп олтурбастан чоң чөмүчтү алдым да, коюусун сүзүп туруп жеп алдым. Ит ичип кеткен экен дейин десе, ал казандын капкагын кантип ачып, коюусун сүзүп жеп, суюгун калтырып койбойт да. Ошондо Осокемден алда канча улуу үйдүн ээси келип:

– Ой, Оспанкул, жетим күшиктей кылмай, осы тыр-нактай баланың карынын тойгызып жүрсеңдер болмайма. Жаңагы катыныңа айтсаң бола, берсин тамак, – деген. Осокем буга бирдеме деп жооп берген эмес. Бирок бакылдап, мени катуу тилдеген.

Жок! Менин тамакка болгон уурулугумду жеңем менен Саяктын анча-мынча төпөштөп коюшкандары да, Осокемдин бакылдап тилдегени да, дегеле эч нерсе токтото алган жок. Убакыт өткөн сайын тыптырмактай болуп алып, уурулукту эң сонун өздөштүрдүм. Эми жигин билгизбечү болдум.

* * *

Боз кыроодо кой баккан малчылар Кумга түшүп барышты. Казахстандын кадимки эле Моюнкуму. Кум дегендей эле бар. Бири-биринен айрымаланбаган кум дөбөлөр. Абайлабасаң адашып кетесиң. Эриш-аркак болушуп койчулар бири-бирине жакын конушту. Бирок кум дөбөлөрдүн окшоштугунан кай бирде коңшу үйлөрдү табыш да кыйын болучу. Кум дөбөлөрдүн үстүнө кароол өңдөнтүп таяк сайышып, анын башына эски кийиздин же таардын бир үзүмүн байлап коюшчу. Кумга келгени Осокем менен Саяк Актөш деген дөбөттү ээрчитип, күндүзгүсүн кой жайып кетишет. Биерде кой жайыш түз жердегидей эмес. Опурталдуу. Карышкыр күч. Жалгыз киши болсо, ал койдун бир жак четинде жүрсө, экинчи жагынан карышкырлар келишип, четинен жара тартышып койлорду жей беришет. Мына ошол себеп менен кай бирде жайытка жеңем да кетет. Бирок бир жолу, Актөштү ээрчитип, Осокем, жеңем, Саяк болуп, кайтарып жүрүшүп, чакалайдын чак түшүндө он эки койду карышкырларга кырдырып жиберишти. Мылтык жок болгондон кийин, үйүрү менен жүргөн ач карышкырларың эчтемеңди тоотпойт экен. Ошол карышкырлар кырган он эки койдун ичинде баягы бир ууртам сүт берген жалгыз кой да бар болучу. Баарынан да ошого жаман ичибиз ачышты. Анткени бооз эле да, ала жайы чай катыктаганга бир ууртам болсо да сүт бермек.

Койлорду жайыттан эртерээк айдап келишип, үйдүн тегеригине жайып коюшат. Өздөрү үйгө тамак ичкени кетишет да, койлорду мен көзөмөлдөйм. Бир жолу кечке маал ошентип кой четинде турдум. Аңгыча менден жыйырма-отуз кадам жердеги койдун чети дыр дей түштү. Карасам эле итке окшогон эки көгүш неме келип эле бир борукту баса калышты. Кыйкырайын десем, кудум эле түшүмдөгүдөй үнүм чыкпайт. Карышкырлар арыдан-бери боруктун ичин жарып жиберишти да, ич эттерин лапылдата жей башташты. Мен чуркаган бойдон үйгө келип, өң-далеттен жок, үнүм чыкпай алактап, колум менен карышкырлар жакты жаңсадым.

– Эмне, эмне?! – деп кыйкырды Осокем.

– Ти-тиги, ка-карышкыр, – дегенге араң жарадым кекечтенип жатып. Осокем ордунан туруп эле таягын алып, аксаңдай чуркаган бойдон жөнөдү. Артынан биз да жүгүрдүк. Актөш арсылдап алдыга кетти. Бирок ит карышкырларга жолой албай, берите арсылдап үрүп турду. Осокем таягын булгалап, кыйкырып баратты. Эки карышкыр жаланып, ары четке чыга берди. Осокем жакындаганда Актөш кайрат жыйнап, жаналы калбай арсылдап, карышкырлардын артынан чуркаган болду. Карышкырлар желе басып, кум дөбөнү айланып кетишти. Биз баарыбыз боруктун тарпынын жанында турдук. Бир заматтын ичинде шалалап жиберишиптир. Осокем бери, биздин жаныбызга басып келип, мени жемелеп кирди:

– Ой, карышкырларды көргөндөн кийин кыйкыр-байсыңбы! Тил-оозуң бар го! – Мен мултуюп унчуккан жокмун. Өлөрчө коркуп калган жаным, азыр деле тил-оозум буулуп турган.

 

Баарынан да мен үчүн тозоку бул эле: кечинде тамакка олтурушканда, мени кой четин карап тур дешип жалгыз жиберишчү. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Кой четинде турам жаным чыгып, качан карышкырлар келип калышат деп. Жан деген бардык жан-жаныбарлар үчүн бирдей эле таттуу көрүнөт, арсылдап үргөнү менен караңгыда Актөш да үйдүн жанынан алыс узачу эмес. Күндүн сөөктөн өтүп, чучукка жеткен какшаткан суугунда, кепшегени гана угулуп, түбүңдө турган койлор көрүнбөгөн караңгы түндө, тегерек-чекеңдеги жакын эле жерлерде карышкырлардын үрөйдү учурган уу-чуусунда, беш-алты жашар наристе баланын короонун четинде кароолчу болуп турганын бир элестетип көргүлөчү! Ошону ойлосом азыр бүткөн боюм дүркүрөп, ичиркенип кетем. Ошондо мен ушу Кумда койлордон да карышкырлар көп ко деп ойлочумун. Эмне дегенде, түн кирди болду, туш-туштан карышкырлардын улуганы бир тынбастан таң аткыча угулуп турар эле. Осокем жинденип: «Азыр барып, атаңдын оозун урайындарды, баарын таяк менен жайлап келсемби?!» деп айласы жок ызырынчу.

Жазга чейин бир короо койдон канчасы калганын азыр айтып бере албайм. Жем-чөп деген жок. Эртең менен короодон айдап чыкканда, ошо түндө жаткан бойдон турбай, ар кайсы жерде томпоюп-томпоюп өлүп жатар эле койлор. Анан тигинтип ач карышкырлар койлорду тимеле колдон талашышат.

Көбүн эсе үйдө мен жалгыз калам. Жеңем үйдө болгон күндө да, коңшу койчулардыкына айылчылап кетет. Кумда суу деген жок. Карды эритип ичебиз. Үйдө калгандагы менин ишим кар эритмей. Койон сөөк деген тикенектүү майда жыгачтан отун чогултуп, от жагып, казанга улам кардан салып эритем. Бир казан суу алыш үчүн он казандай, балким андан да көптүр, кар эритиш керек. Үйдө жалгыз калганым мен үчүн бир жагынан жакшы. Үйдөгүлөрдүн эч кимиси шегин билбеген консерванын бошогон калай челеги бар эле. Өлгөн койлордун этинен ошого кууруп жечүмүн. Салып жегенге караганда, арык этти кууруп жеш алда канча жегиликтүү экенин ошондо мага эч ким үйрөтпөсө деле билчү элем. Анан кар эритип жатып, эттен отко көөмп бышырып жечүмүн. Минтсе да даамдуу болот. Нан дегенди билчү эмеспиз. Жытыңдан айланайын гана, жарыктык дан ай!

Бир жолу, кайдан келгенин билбейм, үйдө бир чөйчөк арпа пайда болду. Жеңем аны чөңкөгө салып, үстүнө суу куюп, кайната баштады. Кайнатып-кайнатып, анан чөңкөсү менен оттон чыгарып, ары койду да мага:

– Мен тигил айылга барып келейин. Сен күндөгүңдөй кар эритип кой. Бир казан толтура, – деди да кетип калды.

Карды эритиш күндөн-күнгө оор боло баштады. Анткени үйдүн тегерек-чекесиндеги кар түгөнүп, карды алыс барып, күрткүлөрдөн алып келем. Бир жагынан эки чакалап кар ташып, бир жагынан отту өчүрбөй уландырып, жанталаша ишимди аткарып жатам. Бирок эки оюмдун бири эле чөңкөдөгү көптүрүлгөн арпада. Килейген кара казанды сууга араң толтуруп болуп, арпа салынган чөңкөнүн жанына бардым. Суу муздап арпа түбүнө чөгүп калыптыр. Бир данын алып оозума салып, чайнап көрдүм. Жумшарып калыптыр. Бирок чийки бойдон экен. Эмне кылсам деп бир саамга ойлонуп, анан катып койгон жеримден консерванын челегин таап, отко кактай баштадым. Анын жоонураак зымдан жасалган сабы да бар эле. Калай челек какшыганда бир уучтап туруп, көпкөн арпаны ага салып жибердим эле, алды менен «чар-р-р» дей түшүп, суусу кургаганча чыжылдай берип, анан барып токтоду. Мен тез эле куурулса деп аябай шаштым. Анткени жеңемдин келер маалы да болуп калды. Улам жеңем келчү кырды жалтактап карайм. Арпа куурулган өңдөнүп, дандарынын сырты күйүктөнө баштады. Бир жагынан ичим кымылдаган менен, экинчи жагынан жеңем келип калат деп кыпылдайм. Өз оюмда бадырак болуп куурулду деген арпанын бир данын алып, оозума салып чайнап көрсөм бышпаптыр. Бирок көгөрүп мен да болбодум. Кууруй бердим. Арпанын дандарынын баары дээрлик карарып кетти. Оозума салсам баары бир куурулуп бадырак болуп бышпаптыр. «Ия, ата, бул эмнеси?» дейм өзүмчө күйүп-бышып. Дал ушинтип жан алакетке түшүп жатканымда тетиги кырдан жеңемдин колун артына алган тампайган карааны көрүндү. «Өлдүм» деп жүрөгүм оозума тыгылды. Башыма келгени бу болду: калай челектеги бир ууч күйүк арпаны алпардым да, чөңкөдөгү сууга чыланган арпанын түбүн ачып жиберип, төгө салдым. Үстүнө кайра жайпап арпаны жаап койдум. Калай челегимди өз ордуна алпарып каттым да, эчтеке билмексен болуп отуруп калдым.

Жеңем келди. Босогону аттап кирип, адатынча үй ичин, анан мени бүтүйгөн көздөрү менен шектене карады. Эчтеке деп унчукпадым. Биерде алды менен бир сөз баштап көргөн жан эмесмин. Бирдеме дешсе жооп берем. Жеңем адегенде коломтонун жанына эки бутуна отуруп, колун отко кактады. Анан казча майпая нары жылып, арпа кайнатылган чөңкөнүн капкагын ачты. Сузгу менен арпанын дандарын аралаштыра берди эле, алиги күйүк дандар үстүнө чыга түштү. «Билди» дедим өз ичимден, кайсы жаза берилерин алдын-ала ойлоп. Бирок жеңем тиги көрүнүшкө түшүнө бербей, маңыроо карап турду да:

– А-а, караң кагыр, түбүнө күйүп калган турбайбы, – деди.

Ошентип менин бул уурулугумдун бети ачылган жок. Сууга кайнатылган арпанын түбүнө күйбөй тургандыгын жеңемдин билбегендиги гана абийиримди жаап калды.

* * *

Он эки койду карышкырларга кырдырып жибергенден бери Осокемдерге кошулуп, жеңем да жайытка такай кетип жүрөт. Отун термелеп, кар эриткенден башка мойнума дагы бир башка балаа иш жүктөлдү. Бир көк мээ кой бар эле. Кечкете ошону көзөмөлдөйм. Мурдагы түйшүгүм бир тең да, бу көк мээ койду караган түйшүгүм бир тең болду. Бир жерде тегеренип тура бергени менен бир оокумда эле тээ алда кайда кетип калат. Эми көк мээ койду айдап келгенге күн салгылык кылбасын. Бир түз бассачы. Ой да бир жаныңды кашайтат. Көк мээ койду жөн гана кармап алып, сүйрөп жөнөш керек. Анткенге менде күч кайда? Калдайган өз башымды араң көтөрүп жүрсөм. Ушу көк мээ койдун азабын иттей тарттым.

Бир жолу үйдөгү иштеримди бүтүрүп, сыртка чыксам эле көк мээ кой жок. Тегерете бүт карадым. Жок. Кеч кирип, койлор жайыттан келер маал болуп калган. Кум дөбөгө чуркап чыктым. Бири-бирине опокшош кум дөбөлөр. Чуңкур жерлеринде баштарындагы үкүлөрүн шамалга ыргалткан кан-сөлү жок куураган камыштар. Көк мээ кой эч жерден көрүнбөгөн соң, камыштардын арасына кирип кетсе керек деген ой кылт эте калды. Кум дөбөдөн чуркап түшүп, камыштардын арасына кирип бардым. Камыштар жоон-жоон сөңгөктүү, анан бийик өсүптүр. Аралап баратам. Араак бассам эле табылып кала тургансып, ошого азгырылып, улам арылап кете бердим. Камыштар түгөнүп, кайрадан дагы бир кум дөбөгө туш келдим. Ага да чыгып бардым. Токтоп айланама көз жибердим. Баягы эле окшош кум дөбөлөр. Дөбөдөн ары эңиште кайра эле камыш. Көңүлүмдө көк мээ кой ушу камыштардын арасында эле болуш керек деп, дөңдөн ылдый түшүп, камыштарды дагы аралап жөнөдүм. Улам кеч кирип, айлана күүгүмдөнө баштады. Көк мээ кой эч жерден көрүнбөдү. Мен аны таппасам болбойт. Антпесем мени үйдө эмне күтүп турарын билем. Кечке маалкы күндүн суугун айтпа. Жаман тонумдун жыртыктарынан суук кирип, үшүй баштадым.

Күүгүм кирип, айлана караңгылыкка чулганды. Мен эмне кыларымды билбей, айлам түгөндү. Эми эмне болсо ошо болсун деп кайра үйгө кетейин дедим. Кум дөбөлөрдүн бирине чыгып, боолголоп үй жакты көздөй бет алгансыдым. Болжолумда биздин үй тээтиги эле дөбөнүн ары түбүндө болуу керек. Ошо кум дөбөгө кумун эшип отуруп чыгып бардым. Ия, ата, үй турмак таш балакет да жок. Дөбөдөн энтеңдеп чуркап түшүп, адегенде камыштарга илинип-чалынып жүрүп отуруп дагы бир кум дөбөгө чыгып бардым. Бул дөбөнүн ары жагында да үй көрүнбөйт.

Өчөшкөнсүп айлана да улам караңгылай берди. Мен корко баштадым. Адаштым деп ойлогон жокмун. Балалык ишенчээк сезимим үйүбүз ушул эле дөбөнүн ары түбүндө деп бет алды чуркап жөнөдүм. Бир дөбөгө чыгып, энтиккен демимди баса албай, айланага кулак түрө калдым. Суук шамал кулак түбүмдөн зуулдайт. Аңгыча оң жагымдан, тэ алыстан карышкырдын улуганы үзүл-кезил угулду. Алардын үндөрүн уга бериш мага көнүмүш адат болуп калганбы, адегенде анчалык таназар алган жокмун. Бирок ага жооп кылып, эми башка жерден, менин арт жагымдан дагы бир карышкыр улуду. Анын үнү жакыныраактан чыккансыды. Бүткөн боюм дүркүрөп, коркуп кеттим. Тамагым буулугуп, ыйлагым келди. Бирөө угуп мага келер беле деп кыйкырсамбы дедим. Бирок мен ыйлаган да, кыйкырган да жокмун. Үнүмдү угуп карышкырлар жетип келишеби деп корктум. Оң жактан улуган карышкырдын үнү улам берилеп, ага арт жагымдагысыныкы кошулуп, анан башка жерден дагы бирөө улуп, деги түнкү айлана карышкырлардын уу-чуусуна толуп кетти. Мен бет алдымды көздөй кайрадан чуркап жөнөдүм. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы түндө бирдемеге, болжолу койон сөөктүн дүмүрү болсо керек, чалынып, эт-бетимден кеттим. Колум бирдемеге тийип, айрылгандай болду. Ага карабай тура жөнөдүм. Бирок кум дөбөгө туш келсем керек, кум эшилип эле, жогору чыга албай, төмөн көздөй жылбыша бердим. Төрт аяктап жанталаша тырбалаңдайм. Канаган колум бир жагынан үшүп, бир жагынан ачышат. Канчалык аракет кылганым менен дөңдүн башына чыга албай койдум. Айлам кетип, эми кыймылсыз бөк түшүп жатып калдым. Үн чыгарбай, көз жашымды көл кылып ыйладым. Дал ушул калыбымда жаткан бойдон атамды эстедим. Атаңкөрү, атам азыр келип: «Эмне жатасың, тур өйдө!» деген үнүн уксам дедим. Чын эле ошентип жүрбөсүн деп ыйымды токтотуп, бир саамга демимди чыгарбай ичиме катып, кулак түрүп калдым. Баягы эле батыштан урган ызгаар шамал карышкырлардын үрөйдү учурган улуганын апкелип жатты. Аңгыча иттин үргөнү угулгансып калды. Мен ичиме каткан демимди бир чыгарып алып, кайра дем албай тыңшап калдым. Шамалга карама-каршы жактан, мен чыга албай жаткан кум дөбөнүн ары жагынан чын эле иттин үзүл-кезил үргөнүн кайрадан дааналап уктум. Иттин үнү атамдын үнүнөн да тааныш, жакын сезилип кетти. Мен эми эсиме келе калып, дөбөгө типтик тырмышпай, кичине кыялай салдым. Мунум түзүк болду. Кадамым арбыды. Дөңгө чыгып бардым. Ушу дөбөнүн аркы эле түбүндө үй бар көрүнөт, иттин арс-арс үргөнү чыкты. Чынында биерде карышкыр күч келип, иттердин ажаан, кабанаак экенин билсем да, жарса жарып кетсин деп, тик ылдый чуркап жөнөдүм, Ит жаналы кал-бай үрө баштады. Аңгыча үйдөн бир киши чыгып, короого карышкыр тийди дедиби, айкырыкты салды. Ал кый-кырганын токтоткондо мен:

– Осоке-е! Бул менми-ин! – деп кыйкырдым, өзүбүздүн үйгө келген экем деп.

Үй жактан бирөөнүн:

– Ай, Тиккулак, кой! – дегени угулуп, лампа май фонарын кармаган адамдын карааны мени көздөй жылды.

– Ой! Сен кимсиң өзиң? – деди тиги адам. Мен унчукпастан кибирей басып, анын жанына бардым. Ал мага эңкейе, фонарь чырагын бетиме кармай берип:

– Ой-ба-ай! Сен Оспанкулдукунда жүрген баламысың? Не, үйиңерде бирдеңке болдыма? Бу жети түнде нагып жүрсиң? – деди үрпөңдөй катуу чоочуп. Мен бул кишини эми тааныдым. Баягында бир жолу мени аяп: «Ушу тырмактай баланын курсагын тойгузуп койсоңорчу, жетим күчүктөй кылбай. Айтсаң боло жанагы катыныңа, бу балага берсин тамак» деген Сарсенбай аттуу казак койчу экен.

– Эчтеке болгон жок. Көк мээ кой жоголуп, ошону издеп чыккам. Анан адашып калдым, – дедим. Сарсенбай эми иштин жайын түшүнүп, мени жеңден алып, ары үйүн көздөй ээрчитип жөнөдү. Үйгө кирдик. Коломтодо от күйүп, казанда бирдеме кайнап жаткансыйт. Ашкана жакта кыбырап жүргөн Сарсенбайдын аялы мени назар сала карап калды да:

– Ойпырау, бу алги кыргыздың баласыма? Нагып жүрген экен бу жети түнде? – деди ал да үрпөңдөй. Сарсенбай жооп бергендин ордуна менин шүмүрөйгөн түрүмдү көрүп, боор ооруй кетти:

– Колыңды тыттырып алыпсың. Карашы, кан агып жатыр. Кел, жууйлы да, таңайык. – Сарсенбай от жээгиндеги чөөгүндөгү жылуу суу менен тырмагым өсүп, какач баскан колумду жууп, эски курмушудан отко күйгүзүп, аны колумдун жаратына басып канын токтотуп, анан эски чүпүрөк менен таңып койду.

– Сөйтип көк мие кой издейм деп адасып кеттим деши, – деди Сарсенбай от жээгине жайгашып отургандан кийин. Мен унчуккан жокмун.

– Ой, шырагым, биздикине тус келмей, ай-далада калсаң не болмак? Каскырлар тытып кетедин еди гой. Айналайын, теги соны ойладыңба? Бир көк мие кой үшин тирилей бир адамдын басы кетсе не болмак?

Билбейм, Сарсенбай өзүнчө эле ардемелерди айтып, кагынып-сөгүнүп, Осокеме ачууланып жатты. Менин оюма эле көк мээ кой түшөт: «Кайда кирип кетти экен? Ушунча жерден издеп таппай койдум. Эми Осокеме эмне дейм?» деп ичимден сарсанаа болом.

Сарсенбай аялына үн салды:

– Бу балага бирдеңке бере салшы. Ысык шайдан куй. Нандан акел.

Сарсенбайдын аялы мага бир сындырым нан карматты. Калай күрүшкөгө от жээгиндеги кара чөөгүндөн чай куюп берди. Мен көз үстүмөн Сарсенбайды, анан аялын улам үтүрөйө карап койом. Алар Осокемдердей болбой, сабырдуу көз жиберип отурушту. Сарсенбай отту карап отурган калыбында сөз таштады:

– Алги кенжемиз тири турганда осындай боп калмак экен.

– Ие десең. Эң болмаганда койдың бир шетин кайрып. Жаңагы кыргыздын катынынын болган истерин осы бала битирип жүри гой. Өзи айылшылап жүреди.

– Э, оларды сөз кылмай ак кой! Осы тырнактай баланы аямайды. Жаңагы былтык катыны аукатты да жөндеп бермейди. (Сарсенбай жеңемди сөгүп алды).

Чоң сындырым нанды жеп, ысык чай ичип, кадыресе каниет алып калдым.

– Мен кетейин, – дедим Сарсенбайды үтүрөйө карап.

– Не дейди? – деп Сарсенбай тарс чоочуп кетти. – Каякка? Осы караңгы түндема? Еш жакка бармайсың. Биздикинде жатып алып, эртең мен кетесиң.

– А көк мээ кой эмне болот?

– Акесинин дал аузун урдым сол көк мие койдын! Онсыз да өлетин кой. Көк мие эмес, сауларын асырап алсак калай! – Сарсенбай буркан-шаркан түшө ачууланып, анан эле тым болуп отуруп калды. Ошо калыбынан жазылбай, анан үнүн кейиштүү чыгарып, мени бир каадалуу кишисинтип, сөзүн минтип улады. – Бүгүн түни биздиң бала боласың. Биздиң да осы сендей баламыз болган. Осыдан үш жыл бурын үшке шыкканда шаршап калган. Эки эркек баламыз согыста жүреди. Өли-тирисинин дайыны жок. Бу Кумга кысында кат-кабар да келмейди. – Сарсенбай эми унчукпай, оор ойго чөмүлгөндөй болду. Бир оокумда ал башын өйдө кылып:

– Мына казир эт бысады. Өлген койдың этинен салган едик. Бирге отырып тамак жейик. Оган дейин саган домбра тартып берейин. Көптен бери устамай жүрдим еди – деди да, ордунан туруп барып, капшытта илинип турган жеринен домбурасын алып, менден төмөнүрөөк, жанагы жерине келип, малдаш урунуп отурду. Ал эки кылдуу домбурасынын кулагын бурап, күүгө келтирип, анан комуз черткен атама окшоп, күүсүнүн атын айтпай, домбура черте баштады. Жана эле домбура чертип берейин дегенде кубанып кеткен мен Сарсенбайды дилгирлене карап, домбура күүсүнө бүт ынтаамды койдум. Домбуранын үнү биздин комуздукундай болбой, дүңгүрөп коңур да, бийик да чыкты. Мен чертилип жаткан күүнүн маанисин түшүнгөн жокмун. Бирок бул күүдө кандайдыр бир кайгыбы, өкүнүчпү, айтор жүрөктү эзген бирдемени боолголодум. Менин минтип ойлогонумдун себеби Сарсенбайдын кабагы түшүп, шамалга кесилген дордойгон калың эриндери да бек жумулуп, ак аралаган суйдаң жээрде сакал-муруту кээде дирт эте калып, домбуранын кайгылуу добушуна кошумча болгону жүзүнөн көрүнүп турду. Мен күүнү угуп жатып, капысынан кайсы бир жолу бирөөдөн уккан, бири-бириненен адашып кеткен инген менен тайлагы эсиме түшө калды. Сарсенбайдын кылды басып жаткан сол колу өйдөлөп, домбуранын алкымына жеткенде ингендин ыйлаганын туйгансыдым. Туурук бармактары улам төмөндөп отуруп, капкакка жетип-жетпей басып черткенде энесин издеген тайлагы боздоп жаткансыды. (Кийин акыл-эсим жетип, Сарсенбайдын ошол күүсүн эстеп, эки баласы армияга кетип, эң кенжесинен да айрылып, ошол баласын жоктоп чертилген күүсүбү деп да ойлоп койом). Күү чертилип бүттү. Күү чертиле баштаганда дымый түшкөн сырттагы сууктун ыркыраганы менен карышкырлардын улуганы күү чертилип бүтөрү менен кайра угулду. Сарсенбай бирдеңке дээр бекен десем, унчукккан жок. Ошо мурдагы коломтону караган калыбынан жазылбай, домбурасын да чертпей, бир саамга үн-сөз жок отуруп калды. Анан бир оокумда ал эсине келе калып, оңдонуп отурду да, башка бир күүнү шаңдуу черте баштады. Чертип болуп капысынан:

– Калай, жактыма саган менин күйлерим? – деп суроо таштады мага мойнун бура берип. Мен капысынан берилген суроого эмне дээримди билбей, жылмайган болдум. Күлкү деген мага жат болуп калса керек, уялып кеттим да, күлкүмдү тып басып, жер карадым. Андан кийин да Сарсенбай күүлөрдөн чертип отурду. Күүлөрүнө жараша жанагы биринчи черткениндей болбой, жүзүндө кандайдыр бир мээрим, салтанатка окшогон бирдемлер бар болучу. Сарсенбай күүлөрүнүн баарын мен үчүн эле черткендей болду. Аялы болсо бирде тышка чыгып үн салып, бирде кайра үйгө кирип, казан-аяк жакка аралашып, өз түйшүгү менен алек.

Сарсенбай черткенин токтотуп, менден минтип сурады:

– Сендердин комызыңар бар болатын еди. Сонда ойна-ганды билемисиң?

Мен уялып, алды менен күлгөн болуп, анан:

– Жок, билбейм, – дедим.

– Ештеңке эмес. Үйренесиң. Казир кишкантайсың. Она-гы бир жолу көрген едим. Колдарыңдын кыймыл-аракети жаксы. – Сарсенбай кабагыма түшкөн жаман тумагымды желкеме жылдырып койду. Анан бир азга үндөбөй отуруп, сөзүн улады. – Мына, жигит болат деген осы, түн ишинде коркпай кой издеп. Азамат. – Ал мени эркелете далымды таптады. Анан менин каалап турганымды билгенсип, домбурасын кайрадан черте баштады. Аңгыча тышта ит арсылдап үрүп, ошого удаа эле:

– Ой, Сарсенбай, барсыңбы? – деген Осокемдин өкүм үнү тыштан, тээтигинден угулду. Мен селт эте чоочуп, ордум-дан тура калдым. Тумагым кайра кабагыма түштү. Сарсенбай мени эркелете:

– Отыр, отыра бер. Мен казир, – деп тышка чыкты. Мен да баары бир артынан кошо бастым. Сырт көзгө сайса көрүнгүс караңгы экен.

– Ой! Сен ким? Оспанкулсыңба? – деп үн салды Сарсенбай.

– Сарсенбай, жанагы биздин бала жокпу силердикинде?

– Бакылдамай бас бери! – деди Сарсенбай тетиги дөңдүн үстүндө жылтылдаган от кармаган Осокемди көздөй утурлай басып. Эмне болуп кетер экен деп мен турдум. Сарсенбай Осокем менен Саякты ээрчитип келди. Осокем мени көрө коюп:

– Ой, сен кайда жүрөсүң? Жер жутуп кеткенден соо-суңбу, ия! – деди катуу ачууланып. Менин ордума Сарсенбай жооп берди:

– Жаңагы көк мие койыңды издейм деп адасып кетипти. Тагы абийир боп, биздикине тус келгени жаксы болган экен. Тырнактай бала айдалада калса не болмак?

– Анан делдиреп кете береби, көк мээ койдон бетер. Атайын кишисинтип көк мээ койго көз сал десек карабай, үйдүн мындайыраак жанындагы чуңкурга түшүп, өйдөлөнүп өлүп калыптыр. Кана бас! Жүр! – деди Осокем мага бак-бак эте.

– Болды энди, Оспанкул. Көк мие койың өлди. Онсыз да өлетин кой. А көрек, үйге кир. Отырып арык койдын этинен салдык еди, содан жеп кет. Домбра тартып берейин, – деди Сарсенбай эми жай сөзгө өтүп.

– Этиң болсо жеймин. А дыңкылдагыңды катының экөөң ук. Аныңды укканда курсагым тойот беле?

Баарыбыз ээрчишип үйгө кирдик. Оокаттанып, анан үчөөбүз өзүбүздүн үйдү көздөй жөнөдүк. Эң алдыда Осокем, артында Саяк, анан мен. Осокемдин колунда лампа май фонарь. Айлана капкараңгы, карышкырлардын улуган уу-чуусу.

Мен азыр, дал ушул караңгы түндө баратып, кү-түлбөгөн жерден өзүм үчүн бир чоң ачылыш жасаганымды билдим. Көрсө, адам баласына кара курсактан башка да, анын көңүлү үчүн Сарсенбайдын домбура күүлөрүндөй бирдеме керек турбайбы. Ошо күнү адашып, Сарсенбайдын үйүнө барганым мен үчүн чоң олжо болгон экен. Ошодон баштап комуз менен домбура күүлөрүнө аябай ышкыбоздонуп, колум бошой калганда, көбүн эсе өзүм жалгыз калганда, Токомдун кичинекей өрүк комузун колумдан түшүрбөй, күү билбесем да, дыңгыратып чертимиш этип, ошого болсо да каниет алып калчу болдум. Сарсенбайдын: «Колдоруңдун кыймылы жакшы. Бара-бара үйрөнүп кетесиң» дегени мага кадимкидей дем берип, көңүлүмө бекем орноду. Анан эмнегедир эле Осокем: «Ошо да кишиби?» деп жактырбай жүргөн Сарсенбай мына ушул күндөн баштап, мага жакын сезилип, Осокемден алда канча бийик турарын бүдөмүк болсо да түшүндүм.

* * *

Кумда экенибизде Сарсенбайдыкында дагы бир жолу болдум. Азыр ойлосом Сарсенбай аялы экөө тең сарамжал кишилерден экен. Бирдеме сурап келмекке алардыкын көздөй ар кимибиз эле чуркап турчубуз. Бир жолу чокой жамаганга бир тилим көк сурап кел деп Осокем мени жиберди. Оюма келгени: «Сарсенбайдын домбурасын дагы угат экем» деп сүйүнүп кеттим. Кечке маал болучу. Сарсенбай койлорун короого ийрип жүрүптүр. Мени көрө салып, эмне иш менен келгенимдин жайын сурабай:

– И-и де, тагы көк мие кой издеп жүрсиңба? – деди тамашалап. Мен күлүп жибердим. – Жүр, жүре кой. Үйге кир, – деп мени ээрчитип алды. Ал керегеси жок шоңшойгон боз үйдүн эшигин кайрый ачып, алдыга мени жиберип, артымдан өзү кирди.

– Бизге миман келди, – деди ал ашкана жакта жүргөн аялына. Аял чечектен калган чаар жүзүн мен жакка бура берип:

– Ие-ие, келсин. Кел, келе кой, карагым. Жогары өт,– деди мени бир каадалуу кишисинтип. Мен жогору өтпөй туруп калдым эле:

– Өт, өте бер. Мына бу жерге отыр, – деп Сарсенбай колу менен жаңсап, төр жактан орун көрсөттү. Мен кантсе да кыйыла басып, төргө жете бербей, андан берээк, чолчойгон чокоюм алдыма батпай, малдаш урундум. Сарсенбай менден төмөн, от жээгине чөгөлөй тартты.

– Кана, не аукатың бар? Акел.

– Казир, казир. Казанды шыгарайын. Атала бисип калды, – деп аял казандын капкагын алып, чөмүч менен аталаны аралаштыра баштады.

 

Азыр менин тамакка деле илепсим аккан жок. Анткени Сарсенбай менен аялы тамактарын менден аябасын билем. Менин эки оюмдун бири эле, эң куру дегенде атала бышып, анан илеби кайтып алдыга келгиче, Сарсенбай домбура чертип берсе деп отурдум. Ошону айтайын деп кыйылдым. Осокемдердикине келгени бала өңдөнүп, бир да жолу өз талабымды коюп көргөн эмесмин. Азыр өзүмдөн-өзүм эле:

– Домбура чертип берчи, – деген сөз оозумдан чыгып кетти. Эчтемеден капарсыз отурган Сарсенбай мен жакты бир карап:

– Ие, ие. Тартып берейин. Оны сен тыңдабаганда ким тыңдайды? – деп шашкалактап ордунан туруп барып, капшытта илинген домбурасын алып, кайра келип, жанагы ордуна эми жайланып отурду. Али күү башталбай, Сарсенбай толгоосун текшермекке оң колунун сөөмөйү менен кылдарын дың-дың дегизгенде өзүмчө жыргап, бүт дитимди ошого жибердим. Сарсенбай эки күү чертип болуп:

– Оокатың дайын болдыма? Дайын болса акел. Караңгы кирип кетпесин. Аталадан шарага шайкап суутып жибер, – деп аялын шаштырды. Сарсенбайдын аялы бир кесе атала, бир сындырым арпа нан апкелип алдыма койду. Унчукпай тамактана баштадым. Көзүмдүн үстү менен тиги экөөн алмак-салмак карап койом. Сарсенбай баш жагы күйүп калган койон сөөктүн бир талын алып, от жээгин чукулап, аялы да башка ишке алаксыбай мен тарапты карап отурду.

– И-и, ишип болдыңба? Тагы ишип жүрме. Куй тагы, – деди Сарсенбай аялына.

– Жок, болду. Тойдум, – дедим күңк этип.

– Эмесе айт келген жайыңды.

– Осокем бир тилим көк берсин дейт.

Аялы ары жүктүн бурч жагынан таап келген көктүн Сарсенбай бир тилимин мага берип:

– Энди жүр. Сени былайыраак узатып шыгайын, – деди да жанараак жанына алып койгон, артында да кулакчыны бар казак тумагын кайра кийип, өйдө болду.

Биз тышка чыктык. Кеч кирип келатыптыр. Сарсенбай экөөбүз кум дөбөнү кыялай бастык. Мен алдыда, ал артта. Улам мүдүрүлгөн жерден мени жөлөй калып, болбосо каруумдан кармай, кум дөбөнүн чокусуна, башына жаман кийиз байлап, жерге кагылып коюлган таяктын жанына чыгып бардык. Сарсенбай бирдеңкени ойлонгондой, жүзү негедир сумсайыңкы тартып, унчукпай туруп калды. Анан мага эңкейе берип:

– Энди бар. Адаспай өз үйиңди таап алатын шы-гарсың? Онау төбенин басындагыны көрдиңба? Сол караул таяк. Соны көздей түз жүр. Оның аркы түбинде сендердин үй, – деди Сарсенбай. Сарсенбай да кызык, мен ошону билбей тургансып.

– Билем, билем, – дедим мактана. – Эми өзүм эле барам. Биякка деле өзүм келбедимби.

– Айналайын, айналайын, – деди Сарсенбай мага жалынып. Анын үнү кадимки кайратынан жанып, эмнегедир мууну бошогонсуп кетти. Ал эмес көздөрүнөн жылт эткен жашты да байкап калдым. – Бар энди, бара кой. Кудай сениң жаныңды бек кылсын. Тири жүрсең бир адам боларсың. – деп ал далымдан акырын түртүп койду.

Бир жагы бир чөйчөк атала менен бир сындырым нанга тоюп, экинчи жагынан Сарсенбайдын күүлөрү менен эркелеткени дем болуп, дөңдөн ылдый куюлуп түшүп, чуркап жөнөдүм. Дөңгө чыккан жерде жай басып, эңиш жерде чуркап, жолумду уладым. Акырында өзүбүздүн кароол таягыбыз турган кум дөбөгө чыгып келип токтоп, Сарсенбай тарапты карадым. Күүгүмдүн ала-көлөкө жарыгында Сарсенбайдын карайган сөлөкөтү кароол таяк менен кошо кароол болуп, дагы эле турган экен.

* * *

Жаз баш багары менен Кумдан көчүп түзгө, Луговая темир жол бекетине жакын көчүп келдик. Күн кадыресе жылып калды. Биерде койлорду мен деле кайтарып чыгам. Ыргалып кыштан араң чыккан боруктар жайма-жай жайылып, анча деле убарага салышпайт. Кедейип кой четинде жалгыз жүрөм. Кайра ушинтип жалгыз жүргөн да жакшы, ар нерсени ээн-эркин ойлогонго. Айылды, өзгөчө атамды ушунчалык сагындым. Чынымды айтсам атама болгон ошо сагынуу сезими те былтыр күздө, казактарга алгачкы келген күндөн башталган. Кумдан түзгө көчүп келгени, тетиги тоолорго жакындап, атамды, ооба, жалгыз гана атамды сагынуу аябай күч алды. Эртерээк эле жай келип, жайлоого көчсөк экен. Кара-Кыр жайлоосуна барсак, андан ары өзүм жалгыз болсом деле Таласка жөө түшүп кетет элем. Кара-Кыр деген казак менен кыргызга тең жайлоо.

Кой четинде кедейип жалгызмын. Үстүмдө айры-пыландар (кийин билсем истребителдер экен) учат жап-жапыз болуп алышып. Мен алардын учкучтарын көрсөм дейм. Дартымды билишип, ушул айрыпыландарына салып алышып, атама жеткизип салышса. Бөлкө нандарынан беришсе. Жок, алар менин дартымды билишпейт, жаныма келип конушпайт.

Бирок бир жолу бир кесим бөлкө нан таап алдым. Тимеле баса калдым, баягы бир жолу борукту баса калган эки карышкырдан бетер. Ошондо мен бөлкөнүн катып калган күйүк сындырымын мылтык менен коркутса да эч кимге бермек эмесмин. Чекесинен кемирдим. Алда атыңдан айланайын дандын жыты ай! Кишини ушунчалык да зар кылат экенсиң э? Казактын учу-кыйрысыз кең талаасында бир тоголок данга зар болгонубузга азыр ишениш кыйын. Нанды жеп болуп, өйдө жакта учуп бараткан самолетту карадым. Кантсе да азыркы мен таап алган күйүк нанды ошо учкучтардын бири таштап кетсе керек дегенге аябай ишенип турдум.

 

Ушул жерде экенибизде, бир күнү эле Саткын эжем бир жактан келип калды. Кийин билсем Пржевальскидеги (азыркы Каракол шаары) эки жылдык мал догдурлуктун окуу жайын бүтүрүп, Талас жакка кетип баратыптыр.

Эжем мени көрүп алып эле ыйлады:

– Балакетиңди алайын, балакетиңди. Деги эмне болуп калгансың кирбийип? Ооругандан соосуңбу? Кабыргаң бирден саналып, башың эле калдаят да.

Саткын эжем келгени колго тийген тамагын менин оозума кармады. Жыпжылаңач чечиндирип, бүткөн боюма койдун майын шыбады. Бая илгери казактардын арасында жүргөндө тааныш курбу-курдаштары бар экен, ошолордукуна мейманга барганда, мени кошо ээрчитип алып жүрдү. Көп аялдабай, Саткын эжем Талас жакка жөнөп кетти. Ары ойлоп-бери ойлоп, бирок мени өзү менен кошо алып кете алган жок. Жөө-жалаңдап жүрсө мени өзү менен кантип алып кетет эле?

Кетеринде:

– Айылга барарым менен сени келип алып кетсин деп атама айтам, – деди.

Ошо менен мен кайра калдым. Бирок эми атам келет деген бир башкача таттуу үмүт менен жашап жүрдүм.

* * *

Бир чылгый кайыш чокоюм бар эле. Ошодон көргөн азабымды айтып берейин. Саткын эжем келип кеткенден кийин өзүмчө эле кудуңдап, кетүүгө камынып жүрдүм. Бут кийимимдин жайы өтө жаман болучу. Күн жылый баштады. Кышта кийген кийиз чокоюм апкытынан өлөң чөп батегим чууруп, жыртыла баштаган. Ошол себептен жеңилирээк эмеспи деп, былтыр күздө уйдун чылгый терисинен жасалган чокоюмду таап, киймек болдум. Таза катып калыптыр. Бутума дегеле бата турган эмес. Ойлодум да, үйдөгүлөрдүн эчкимисине айт-пай, чокойду сууга алпарып, таш менен бастырып койдум. Канча жатканын билбейм, балким бир сутка, балким эки сутка, бир жолу барсам былбырап жумшарып калыптыр. Чокойду суудан алып, бир жерге жайып салдым. Тоборсуп кургай түшкөндө, эски-уску жыртык чулгоолорумду бутума чулгап туруп, тыпыйта кийип алдым. Атам келип калса былтыркыга окшоп жөө жөнөсөк, жолдо бутума таш өтпөй жакшы болот. Басканга да жеңил. Атам келгенче чечпейин, чечип таштасам мурдагысындай кайра катып, кийе албай калам деп чоочудум.

Менин жаргак кайыш чокой кийгенимди үйдөгүлөрдүн эч кимиси деле элес алган жок. Күн жылып, эски тонду айкарасынан жамынып, сыртта жатып жүрчүмүн. Мен чечинип жатамбы же чечинбей жатамбы, аны менен эч кимдин иши жок. Битим жондон куюлат. Башымдагы тыбыты чыккан эски тумагымды албай, сырт кийимчен, бүкүлү бойдон, тонду жамынып эле уктаганга кирчүмүн. Ошентип эки түнөп чыктым. үчүнчү күнү эртең менен турсам эле буттарым ооруйт. Чокой кысып калыптыр. Араң зорго чолоңдоп барып, жеңеме жарым чака суу апкелип бердим.

Түш ченде Осокем келди да мага:

– Бар. Койго барып көз салып тур, – деди.

– Мен ордуман тура берип, бир-эки кадам шилтеп барып отура калдым.

– Ой, сага эмне болгон? – деди Осокем.

– Бутум ооруп жатыр, – дедим жашылданып. Осокем эңкейе берип, чокоюм катып, буттарымды кысып калганын биле койду көрүнөт:

– Чеч чокоюңду! Бутуңду кысып калган турбайбы? Качан кийип жүрөсүң, бу каткан чокойду? – деди Осокем кадимкисиндей бакылдап.

– Бутумдан чыкпай жатыры, – дедим ыйламсырап.

– Кана, апкелчи бери, Тартып көрөйүн. – Ал отура калып тартты эле, бутумдун ооруганына чыдабай, кыңкыстап жибердим. Осокем ого бетер ачууланып кирди. – Муну сен кайдан таап кийип жүрөсүң, ия? Ким кий деди сага?

Мен айыбым ачылып калат деп унчукпай, тултуюп тим болдум. Осокем бутумдун ооруганына карабай, жетелеп алды да, булак болуп аккан кара суунун көлчүгүнө эки бутумду салып отургузуп койду.

– Кечкете отур. Жибисин. Антпесе чечиле турган эмес. Жибимейин бычак да өтпөйт, – деп айтып кетип калды. Тоңгонуна карабай, муздак сууга бутумду салып, кечкете отурдум. Кечинде Осокем келип, тур дегенде гана суудан өйдө болуп, мындай жылдым. Ал тартып көрдү эле, деги бир чечиле турган эмес. Үйдөн барып бычак апкелип, кончторун тилип атып, араң дегенде чечтик. Эртели-кеч чолчойгон жыртык чокойду кайра кийдим. Кыспаса күндүн ысыгы болсо деле, жыргал турбайбы. Күндүзгү күн ысыкта жылаңайлак жүрмөй.

* * *

Мени алып кеткенге атам Күкү апамды жибериптир. Жанына караан болсун деп, ошиердеги бир тестиер баланы кошуп бериптир. Экөөнүн мингени эки ат. Күкү апам мени көрө салып, аттан ыргып түшүп эле, баягындагы Саткын эжемден бетер көздөрү жашылданып:

– Кагылайын, кагылайын, кантип калгансың деги, кирбийип? – деп эки бетимден алмак-салмак өптү. – Сага келдим. Сени алып кетейин деп келдим.

Эми ошондогу кубанганымды айтпа! Шынаарлап Күкү апамдын жанынан чыкпайм. Мындайча айтканда ханга салам бербей, эдирейе көбө түштүм. Күкү апам да Саткын эжемден бетер мени жанынан чыгарбай, колго тийген тамагын оозума кармап, башымдан сылап эркелетип: «Кагылайын, Казак, жей гой» дейт. Казакеңе кудай мындай бербеспи, колума тийгенин аймап кирем.

Кечинде Осокем эжесине каадалап кой сойду. Үйдөн обочороок жер кемегеге казан асылды...

Айтмакчы, мен Күкү апам келгенден кийинки кайсы бир күнү тамакка дагы уурулукка кирдим. Эжем ала келген актаган тарууну майга көптүрүп бышырышкан болучу. Ошо түнү Осокем бир жакка кетип, жеңем анын шыбагасы деп чөйчөккө бөлүп салып, аны ашкананын бир жерине коюп койду. Аны мен байкап калдым. Түндүн бир оокумунда бирөө түрткүлөп ойготкондой көзүмдү ачтым. Алиги таруу эсиме келди. Аны жеп алсам уят болот экем деп деги бир көңүлүмө алып койгон жокмун. Ордуман акырын туруп, төрт аяктап чыгдан жакты көздөй жылдым. Баары эле уктап жатышкандай–бир калыпта дем алышат. Тиги идишке бир урунуп, бул идишке бир урунуп отуруп, акыры алиги чөйчөккө колум жетти. Ичимден жым дей түштүм. Аны бери жылдырып, ошо бүк түшкөн бойдон колумду салып, баарын жеп алдым. Чөйчөктү ордуна коюп, колумду жалап-жуктаган болуп, эч кимге билинбей келип, ордума жаттым да, тырп этпей жыргап уктап калдым.

Албетте, эртең менен менин уурулугум маалым болду. Оозу-мурдум, колдорум майланышып турса, майга көптү-рүлгөн тарууну мен жебегенде ким жейт эле? Күнөөмдү мойнума алып, Күкү апам менен жеңемдин алдында турдум үтүрөйүп. Саяк кой жайып, Осокем түндөгү кеткен жагынан келе элек.

– Мына, өзүң көрдүң го. Ушунусу ушу. Ак майды оозу-мурдунан агызып турсаң да уурдаганы уурдаган, – деп жеңем Күкү апама даттанып жатты. Жеңем дагы бир уурулугумду ашкерелеп, менин ушинтип обурумдун ачылып кеткенине өзүнүн күнөөсү жок экенин далалилдегиси келди көрүнөт, катып койгон жеримден менин ууру калтамды да таап алыптыр.

– Мунусун карабайсыңбы, мунусун, – деп катып койгон калтамдын ичиндегилерин чөйчөккө төктү. Анда кечээ кытып алган боорсок, койдун майынын сызыгы, эжеме союлган койдун терисинде калган чийки майдын кырындылары жүрөт.

Күкү апам:

– Э, кагылайын, Казак, бул эмнең? Буларды эмнеге жыйнап жүрөсүң? – деп сурады.

– Тыякка кошо ала кетейин дегем, – дедим чынымды жашырбай, үтүрөйгөн калыбымда. Эжемдин көзүнөн жаш кылгыра түштү...

* * *

Аттар токулуп, кетүүгө даяр болдук. Эртең мененки чай ичилип, кешик-күшүк салынган куржундар атка арта салынды. Эжем менен кошо келген бала өз атына жалгыз минди. Күкү апам иниси Осокем, анын аялы Айсулуу менен кол беришип коштошту. Саяктын бетинен өптү. Канткен менен жатындаш бир тууганы эмеспи, Осокемдин колун койо бербей:

– Э, Осмонкул, элге барсаң боло. Ушинтип эле талаалап жүрө бересиңби? Абыкем да ушуну сурай кел деди эле, – деди. Осокем буга шыр жооп берген жок. Анан үнүн одоно чыгарып, өзүнүн ток этер оюн айтып салды:

– Аякка барганда эле жыргап туруптурбу? Каерде курсагың тойсо, ошиер сага эл, ошиер сага жер!

Күкү апам буга эчтеме деп сөз кайтарбай, аттын жанына басып келди. Аны Осокем атказды. Анан ал мындайыраак турган мени чакырды:

– Бас бери, учкаштырайын.

Мен баятан бери оюмдагыны айта албай турат элем, ошону айттым:

– Осоке, тиги чертмек. Ошону ала кетейинби?

– Чертмекти эмне кылат экенсиң? Тим кой. Мен чертип жүрөм, – деди Осокем кадимкисиндей корс сүйлөп. Мен эмне кыларымды билбей, көзүмдүн үстү менен ат үстүндөгү Күкү апамды карадым.

– Эми баспайсыңбы, эрте күндү кеч кылбай, – деди Осокем мени кысымга алып. Бирок мен комузсуз кетким келбеди. Кышты-кыштай үйдө жалгыз калганда мага жолдош болуп, күү билбесем да, кыңгыратып эрмек болчу эле да. Комузду көргөндө атамды көргөндөй болуп, атамдын жанында отургансып, кадыресе каниет алып калчумун. Кийинчерээк кой ичегисинен атам жасаган кыл тытылып отуруп, үстүңкү кылы гана жалгыз калып, Осокем колуна деле алчу эмес.

– Осмонкул, эми берип койчу чертмегин. Өзүң деле чертпейсиң. Бул комузду балалуу бол деп батасын берип жатып, Абыкемдерге Токтогул ырчы берген экен. Казак балким чертмекчи болор. Өзү чертип жүрсүн, – деди Күкү апам сөздүн жайын айтып. Чын эле бул комузда Осокемдин эмне тиешеси бар? Ал меники да. Токтогул деген чоң ырчы, чертмекти мен туула электе эле мага арнап берген турбайбы? Атам ошентпеди беле? Анан баягында бир жолу Сарсенбай да: «Колдоруңдун шилтениши жакшы. Кийин үйрөнүп кетесиң» дебеди беле.

Мен ордумдан жылбай тура бердим. Аңгыча эле Осокем аялына:

– Бар, апкелчи. Алса алып кетсин! – деп жиберди. Эми мен Осокеме жакындап бардым. Ал мени эпелектей так көтөрүп, Күкү апамдын артына учкаштырды. Анан нарытан аялы апкелген комузду мага сунду. Мен комузду туурасынан алдыма коюп алдым.

– Кош эми, кош болгула, – деди Күкү апам акыркы жолу коштошуп. Биз эми чындап жолго чыктык. Тоону көздөй, түштүк жакка бет алдык.

Ошентип, сегиз-тогуз айлык балалыгымды, ууру калтам менен калай челегимди калтырып, артымды бир кылчайып карап койбой, кете бердим. Бирок Осокеме, анын аялы Айсулуу менен өгөй баласы Саякка карата болгон таарынычпы, жек көрүүбү, айтор бир ич күптү сезим гана көңүлүмдө үйүр алып, мени кошо ээрчий кетти.

 

Ошол күнү түштөн оой бергенде, Чөңөр ашуусуна жете бербей, Күкү апам аттын оозун тартып токтотуп минтти:

– Биерде сарымсак деген көп болот. Ошодон тере кетели.

Биз аттан түштүк. Эки атты мага карматып, Күкү апам менен тиги бала сарымсак тергени эңиштей кетишти. Ооздуктары чыгарылган аттар жолдун эле чекесинде баштарын жерден албай оттогонго киришти. Менин оюма адегенде бу кетти: «Ата-а, эмне үчүн ушул аттарга окшоп калбадым экен? Курсагым ачканда моминтип чөп-чар жей бергенге». Анан берки баланын атына арта салынган куржун эсиме түшө калды. Анда боорсок, бышырылган эт бар эмеспи. Жегим келди. Бирок кантип жетем? Боюм кичине, үзөнгүнү тээп да атка мине албайм. Колум менен куржундун буржуктанган түбүн кармалайм. Ошенткен сайын жесем деп ышкым келет. Ары ойлодум-бери ойлодум, эч айла таппадым. Анан эле ошо үстүндө куржуну бар ат, ой тобоо, менин оюмду билгенсип, жерге жата калып, оонап-оонап жиберсе болобу. Куржун бир оонаганда эле түшүп, анын ачык оозунан боорсоктор жерге чачылды. Ат ордунан туруп силкинип-силкинип, кайра оттогонго кирди. Ээри бир жагына кыйшая оогонсуп калды. Мен эмне кылсам дедим. Адегенде эле жерге чачылган боорсоктордун бирин алып оозума сала койдум. Анан экинчисин, үчүнчүсүн... Иши кылып, жерге чачылган боорсокторду бүт жедим. Куржундун ичине, кудай акы, кол салган жокмун. Жерде чачылган боорсокту жешимди анда мен уурулук деп ойлогон эмесмин. Анткени аны ат аркылуу кудай таала бердирткен экен деп ойлогом. «Кудай берген ырыскыдан качпа» деген сөздү билчү элем. Ошондо Күкү апамдар кучак-кучак кылып сарымсак апкелишип, анан эжем жерде жаткан куржунду көрүп: «Мын-дан жедиңби?» деп сураганда, мунум кантсе да уурулук болуп жүрбөсүн деп өзүмчө шектенип: «Жок» деп жооп бергемин. Ошондо эжем аныма ишенип, анан үчөөбүз дасторконго тегерете отуруп, эттен, боорсоктон жегенбиз.

– Же, же гой, кагылайын, Казак, – деген Күкү апам мага жалына. – Тоюшуңча жей бер.

Бирок менин обурум агытылбай, эттен да, боорсоктон да аз-аздан жеп тим болгом. Көрсө, тамакты пейилденип берүү менен кызганып жатып берүүнүн мааниси бар болот турбайбы. Тетиги Осокемдин аялы Айсулуу жеңем: «Бир тойбойсуң. Ме, жечи!» деп бергенде мына бу куржундун эки көзүн тең бошотот болчумун.

 

Биз үйгө түн ичинде жеттик. Айыл боз үйлөрүн тигип, кыштактан четтеп барып конуптур. Иттердин анда-санда үргөнү болбосо, айыл ичи оор уйкуда көрүнөт. Айсыз түнкү караңгыда ар кайсы жерде боз үйлөрдүн томпойгон караандары гана көзгө чалдыгат. Бир боз үйдүн жанына барып токтоп, аттан түштүк. Айланайын, тимеле белимдин сыздаганын айтпа. Жерге түшкөндө теңселип, аз жерден жыгылып кала жаздадым. Аттарды байлаштырып болгондон кийин Күкү апам боз үйдүн эшигин кайыра баш бага берип:

– Э, Абыке, жеңе, – деп аяр үн катты.

– Күкүсүңбү? – деген атамдын карбаластаган үнү чыкты ары жактан. Атам Гүлжамал эжемди Күкү деп чакырат. Менин да Күкү апа деп калганым ошол себептен.

– Ооба, биз келдик, Абыке.

– Казак кана? Ал да келдиби?

– Келди. Мына, биерде турат.

– Э, Үкүгүл, ширеңке кайда эле? Жарык кылчы үйдүн ичин, – деп атам апама кайрылгандай болду.

– Ошо өзүңдүн эле баш жагыңда. Сыйпаласаң табасың, – деген апамдын жообу угулду. Атам ширеңкени табалбай убараланып жатса керек, үй ичинде жарык күйбөдү.

– Мындай болчу, эк! Мурдуңдун учундагы турган немени да таппайсың. Мына, ме! – деген апамдын жактырбаган үнү угулуп, анан ошого удаа эле ширеңке шырт деп, лампа май чырак тутанып, үй ичи күңүрт жарык болду.

– Кир, Казак, кире кой, – деп Күкү апам бир колу менен боз үйдүн эшигин ачып, бир колу менен жонумдан коомай түрттү. Мен босогону аттадым да, негедир чоочун бирөөнүн үйүнө киргенсип, босогонун алдында комузумду сол колума таянып туруп калдым. Көзүмө биринчи урунган атам болду. А киши ак көйнөк-дамбалчан төшөктүн берки четинде малдаш урунуп отуруптур. Жанында билик чырагдан араң жан үлбүрөйт. Атамдын нары жагында, ага жашынгансып, көкүрөгүн жууркандын бир учу менен жаап, казак апам отурат. Мен атамды үтүрөйө карап турдум. Атам да бир саам нес боло көзүн менден айрыбады. Тынчтыкты Күкү апам бузду:

– Э, Абыке, эмне болуп калгансың? Чакырсаң боло Казакты, – деди да, мени жонумдан атамды көздөй түрттү. – Бар, Казак, бара кой атаңа.

Атам эми гана эсине келдиби:

– Кел, бери болчу, – деп үн катты. Мен атамды көздөй жылдым. Анын алдына барып туруп калдым. Атам отурган калыбында, адегенде колумдагы комузду алып, ары жүккө жөлөп, эки колу менен ийнимден алып, мени назар сала бир тиктеп алды. Башымдан тыбыты чыккан тумагымды алып, нары ыргытып жиберип, чачым өсүп кеткен башымды жыттады. Анан эч бир үн катып койбой, үстүмдөгү жаман тонумду да чечип таштап, кабыргам саналып көрүнгөн, илмейген мени сол тизесине аяр отургузуп, таноолору кыпчылып, кумсарган бойдон жер тиктеп отуруп калды.

– Кудай албаган гана жаман! – деди бир оокумда ал «жаман» деген сөзгө катуу басым жасап. Мен дароо түшүндүм. Бул анын бир жагы өз иниси, бир жагы бала-сындай болуп өскөн Осмонкулга катуу ачуусу келгени эле. – Барбай эле койсобу десем, силердин да кылганыңар бир жагынан, – деди атам ошо жер карап отурган калыбында апам менен эжеме. Ал экөө күнөөлөрүн мойнуна алышкансып, эчтеме деп үн катышпады. Күкү апам үйдүн сол капшытына барып отурду.

– Кудай аткан гана жаман! – деди атам дагы деле болсо Осокеме карата болгон ачуусу тарабай. Атам эгерде бирдемеге чындап ачуусу келсе же капа болсо дал ушинтип сөз таппай, кумсарып отуруп каларын башынан билем. Азыр атам чегинен аша капалыктын канын жутуп отурган эле...

Ошентип чекесине кармаган жападан жалгыз баласын ак көңүлдүүлүк кылып, бирөөгө кармата берип, эч бир муратка жетпегенин атам ошондо түшүндү го! Андан кийин да атам жыйырма жылдай жашады. Бирок ошо агабыз менен бир көрүшпөй, дүйнөдөн көзү өтүп кетти. Болбосо казактарга өзү атайын барып, Осокемди кыргызга көчүрүп келсем деп жүрчү эле да. Капырай, ак көңүл киши да бирөөгө ушунчалык таарынат экен ээ?

Урматтуу окурманым, атамдын Осокеме минтип катуу таарына турган жөнү бар. Өзүн ымыркайынан бала кылып багып, үйлөнтүп-жайлантып кылган жакшылыгын Осокем унутуп койдубу? Кетмен-Төбөдө жүргөндө күйөөсү Аалы экөөн багып, аерден баласы Саяк төрөлүп, Аалы өлгөндөн кийин ой-боюна койбой, өзүнөн жети-сегиз жашка кичүү да, сымбаттуу да, сулуу да жигит Осмонкулга баш коштуруп, күйөөсү согушта жүргөндө казактардын уюн кайтарып, баласы Саяк экөөн бакканы Айсулуу жеңемдин эсинен чыгып кеттиби?

Атам жарыктык көзү тирүү кезинде жекжаат, туугандарынын кимисине гана жакшылык кылбаган? Андаалап качып-тозуп жүргөндөрдүн баарын талас жергесине жыйнап, отурукташтырып кетти, Осокемден башкасын.

Ошентип, казактардан мен келип, немистер менен болгон улуу согуштан кийинки жаздан баштап кайрадан беш адам: атам Абдыш, казак апам Үкүгүл, Күкү апам, баласы Ултарбек, анан Казакбай мен болуп бир үйдө жашай баштадык. Атам колхоздо бригадир. Апам менен Күкү апам бирде арык чаап, бирде үрөн тазалашып, бирде чөмөлө салышып, бирде орус орок менен эгин орушуп дегендей, колхоздун ар кайсы иштерине кол кабыш кылышат. Ултарбек бир жашка чыкканда атасы Сопубек согушка кетип, ошо бойдон кат-кабар жок, дайыны билинбей калыптыр. Күкү апам бечара күйөөмдөн кабар келип калат деген үмүттөн ажырабай жүрөт экен.

Казактардан келгени жыргап эле калдым. Балдарга үч эле нерсе болсо жетиштүү: тамак, уйку, оюн. Ушул үчөөнөн тең мен кемчил болгон жокмун. Төбөсүнүн чачынын бармак басым жери алынбай, бир өрүм чачын артына таштап койгон Ултарбек экөөбүз эгиз козудай ээрчишип, бирге ойноп жүрдүк. Көрсө, кыздарга окшотуп, эркек бала Ултарбекке бир өрүм чачты ырым кылып койдурушуптур. Күкү апамдын мурда төрөгөн эки эркек баласы чарчап, ушинтип кызга окшотуп чач коюп койсо бала чарчабай калат имиш.

Тамакка болгон уурулугум биерге келгени тып басылды.

* * *

Ошол учурдагы бала чагымдан эсимде өчпөй сакталып калган бир окуя болду. Ултарбектердин Ожор жана Сулайман деген туугандары коңшу турушчу. Ожор кадимки Сартбай ырчынын (Бөлөкбайдын Сартбайы) баласы, Сулайман болсо «Кара ырчы» аталган белгилүү кенчимдик төкмө ырчы жана дастанчы. Ожордун сол колунун чыпалагы бүкүрөйгөн бойдон катып, бирин-серин кыска кайрык күүлөрдү сөөмөй, ортон, аты жогу менен басып черткен болуп, кыңылдап ырдап да койчу. Ал атасы Сартбайды тартпай калыптыр. Ал эми Сулайман болсо Талас өрөөнүнө белгилүү ырчы экен. Бир күнү эле: «Бүгүн кечинде Сулайман «Сур эчкини» айтат экен деп калышты. Коңшу-колоңдор болушуп, Ожордукуна чогулушту. Кайсы убакта баштаганын билбейм, ошол Сулайман деген узунураак сакалдуу, эти качкан кара шири карыя анча бийик эмес, бир аз киркирээк үнү менен кээ-кезде колдорун шилтеп коюп ырдап жатты. Эмне жөнүндө ырдап жатканын ал кезде кайдан билдим? Көрсө, кийин билсем, «Сур эчкиси» – «Кожожаш» кенже эпосу экен. Ошондо баламын да, уйкуга кетиптирмин. Бир убакта ойгонсом, таң атып калыптыр. Сулайман ырчы «Сур эчкисин» дагы эле бүтпөй айтып жатыптыр...

2000-жылы басмадан чыккан «Такалуу аттын изи бар, Таластан келген киши бар» деген ыр-сүрөт китебиме Сулайман кара ырчы жөнүндө төмөнкүдөй ырым кирди.

Ким билет да, ким билбейт,
    Сулайман ырчы чыкканын.
    Алты жаш бала кезимде,
    Ырдаганын уккамын.

«Сур эчки» деп ырдаган,
    Кожожаш мерген баянын.
    «Тарс» эткизе бир аткан,
    Мылтык кылып таягын.
    Уктап калып, бала экем,
    Укпай калгам аягын.

Бир убакта карасам,
    Таң апапак атыптыр.
    Чүкөдөй болгон ошол чал,
    Дагы эле ырдап жатыптыр...

Алымкул ырчы жашында
    Сулайманга барыптыр.
    Бир топ күн болуп жанында,
    Бир курдай таалим алыптыр.
    «Кара ырчы» Сукемдин
    Кат-сабаты жок экен,
    Кап-кап толгон ырлары,
    Кагазга түшпөй калыптыр.

Кенчими болот кушчунун,
    Сулаймандын дайыны.
    Бириккен «Манас» колхозго,
    «Сүттуулак» болот айылы.

1992-жыл

* * *

Ошо Ултарбектер менен чогуу жашап жүргөндөгү көңүлүмдөн өчпөй калган дагы бир окуяны айтып берейин. Күкү апам отузга жакындаган, апам жыйырма бештердеги солкулдаган жаш келиндер. Экөө өтө ынак болучу. Менин эсимде калганы чын болсо ошол кезде уюшуп алышып жоро ичишчү. Ултарбек экөөбүздү Ожорлордукуна калтырышып, ошондой жоролорго апам менен Күкү апам да барышчу. Ал экөөнүн ошондой жоролорго катышып жүрүшү атамдын макулдугу менен чечилген иш. Атам күнү-түнү колхоздун иши менен алектенчү. Ал динге берилген такыба киши болгондуктан, арак, бозо дегенди оозуна албай, беш убак намазын үзбөй окучу.

«Ударник» колхозу бир көчөдөн турган чакан кыштак. Бир жолу кечке маал апам менен Күкү апам ошондой жоролордун бирине кетишти. Түнү бою жоголушту. Атам да кеч келип, Ожордукунан Ултарбек экөөбүздү алып, өзүбүздүн үйгө түнөдүк. Мен жаратылышымдан эрте уктап, эрте ойгонгонго көнгөм. Ойгонуп алам да, ар нерселерди ойлонуп жата берем. Үрөң-бараң таң заарында сырттан кобурашкан аял-эркектердин аралаш үндөрү чыккандай болду. Мени менен жанаша жаткан атам башын көтөрүп, тышка кулак түрүп калды. Бир аз убакыт өтүп, алиги кожурашкан үндөр басылып, апамдар үйгө киришти. Табарсыгым тарсайып толгон мен дал ушундан пайдаланып, эшикке чыга жөнөдүм. Тетигинде кетип бараткан эки адамдын караандары көзүмө чалдыкты. Даарат ушатып үйгө кирдим. Апам атамдын ары жагына терезе жакта, Күкү апам баласы Ултарбек жаткан жакта бүдөмүк караңгылыкта жатууга камынышып жатыптыр. Менин төшөгүм ортодо.

– Кудай албагырлар, бу убакка чейин кайда жүрөсүңөр? – деди атам күңк этип.

– Ырдап-чордошуп эле, жородогулар жиберишпейт, – деди Күкү апам атамдын тигинтип айтканын анчалык таназар албай.

– Үй-жайы жок өңдөнүп, балдарды талаага таштап, – деген атамдын нааразы үнү кайрадан чыкты.

Буга жооп болгон жок. Бир аз убакыттан кийин алар жатышып, бөлмөнүн ичи тынчтыкка бөлөндү. Апам менен Күкү апам дароо уйкуга кетишти.

Таң куланөөк салып, бүтүйгөн жетим терезеден үлбүр жарык шыкаалады. Атам туруп, көйнөк-дамбалчан, үстүнө желең чепкенин желбегей жамынып, кумганын алып, даарат алганы тышка чыкты. Атам бул кезде элүү бештерге келип, жаш чагынан бери келаткан беш убак намазын үзбөй окуп келатат. Айтпадымбы, оозуна ичимдик албайт деп. Кымыз ичет. Ал кымыздын дарылык касиетин баалайт: «Кымыз канды суюлтат. Дене-бойдо кан жакшы жүгүрөт. Кан деген бул адамдын жаны».

Атам дааратын алып, үйгө кайра кирип, мени менен өзүнүн төшөгүнүн арасындагы бош жерге жайнамазын жайып, кыбыланы карап, эки колун бооруна алып, багымдат намазына даярдык көрдү. Адегенде эки колун эки кулагына алып, үнүн пас чыгарып болсо да азан чакырды. Анан мага түшүнүксүз тилде бирдемелерди айтып, тизе бүгүп жыгылып, чекесин жайнамазга тийгизип, башын кайра көтөрүп, чөгөлөй отуруп намазын окуп жатты.

Менин болсо ойлогонум эле оюн. Мен курдуу беш-алты жаштагы майда балдар көбүн эсе чүкө ойнойбуз. Башка оюнубуз деле жок. Менин колум түз, чүкөнү иттей атам. Ойногон балдардын бир паста жинин кагып алам. Кечээ Оңолбектин бүт чүкөсүн утуп алдым. Чүкөлөрү жок, мени менен ойной турган эч ким калбай калат. Айла жок, чүкөлөрүн кайрып берем. Антпесем өзүм оюндан калам. Кайра ойнойбуз. Эми калптекей. Ким утса да чүкөлөрүн кайрып бермей. Бизге утуп чүкө жыйыш эмес, оюну кызык. Эми ойлосом ал кезде мал тартыш, союлган мал жок, чүкө да аз экен да.

Атам намазын окуп болуп, күндөгү адатынча кийинип, тышка чыгып кетти. Улам таң агарып, үй кадимкидей жарык боло баштады. Уй саай турган маал келди. Күкү апамдын жалгыз сарала ую бар. Эрте туруп, уюн Күкү апам өзү саайт. Адатта аны менен мен да кошо турам. Уйду айдап барып бадага мен кошом. Күкү апам тарттырганы сүтүн алып, көчөнүн төмөнүрөөк жагындагы балпайган немис кемпирдикине кетет. Бүгүн болсо Күкү апам эми эле келип, катуу уктап калды. «Уйду ким саайт?» деп менин тынчым кете баштады. Күкү апамды ойготсомбу? Өзү турбай, уктап калганда атам ойготчу эле.

Мен арыдан-бери кийине салып тышка чыктым. Атам чарбактын баш жагынан бери көздөй жай басып келатыптыр. Аны көздөй мен да бастым.

– Ата, уйду ким саайт? Күкү апамды ойготосуңбу? – дедим.

– Эми эле жатышты. Уктай беришсин, – деди атам ал экөөн эмнегедир аяп. – Болду чоң апаңа айтам. Ошол саап берет.

Болду – Ожордун кемпири. Ожордун ийнинен келген, бекене бойлуу бул кемпир эч бир жаны тынбай, эртеден керээли-кечке кыбырап тирилик кылып жүрөр эле. Апам менен Күкү апам колхоздун иши деп талаалап жүрүшкөндө, Ултарбек экөөбүзгө ушу чүкөдөй кемпир карачу.

– Ата, эртең мененки эки киши ким? – дедим эчтемени капарыма албай.

– Кайсы кишилер? – деди атам негедир кызыгып.

– Апамдар келишип, мен тышка чыкканда эки кишини көрдүм. Биздин короодон чыгып, төмөн басып баратышыптыр.

– Ким билет? – деди атам кайдыгерлене.

Болду чоң апам саап бергенден кийин уйду бадага кошуп, анан сүттү алпарып, тарттырып келдим. Атам ишине кетип, апам, Күкү апам, Ултарбек үчөө тең дагы эле уктап жатышыптыр. Ултарбек да уйкучу. «Энелүү жетим эрке жетим, аталуу жетим арсыз жетим» дегендей, ал энесинин этегинен алыстабаган эрке бала. Анын үстүнө согушка кеткен күйөөсүнөн дайын жок, байкуш Күкү апамдын чекесине кармаган жалгыз медери да. Ултарбек эркеликке кынык алып калган бала. Ушул эркелик анын эркин жакшы эшилбеген шоонадай бошоң кылып, кийинки жашоо-тирлигине, тукумунун канында калган ыр жазган акындык шыгына токмок болуп урулаары ал кезде кимдин оюна келиптир?

Түш ченде атам келди. Ултарбек экөөбүз короодо ойноп жатканбыз. Күкү апам бир жакка кетип, үйдө апам жалгаз калган. Атам үйгө кирип кетти. Суу ичмекке далиске мен да кирдим.

– Түндө кимдер менен ээрчишип жүрөсүңөр? – деген атамдын айбаттуу үнү төркү бөлмөдөн угулду.

– Ким менен ээрчишиптирбиз? Эч ким менен, – деген апамдын жообу угулду.

– Силерди бирөөлөр жеткизип келген жокпу?

– Жок. Жанагыз экөөбүз эле келдик, – деди апам. (Апам Күкү апамды «Жанагыз» деп тергейт).

– Жаныңды жебе! Көз көрүнөө калпты айтып турганын кара! Терезеден көрбөдүмбү, эки кишинин караанын, – деген атамдын үнүнө удаа эле бапыраган-тапыраган дабыш угулуп, ошого удаа апамдын:

– А-ай! Мени өлтүрдү! – деген чаңырыгы чыгып, эшик шарак ачылып, жоолугу желкесине шыпырылып түшкөн апам мен турган далиске атып чыкты. Мүдүрүлүп жыгылып тургуча атам артынан жете келип, колуна тийген суу илгич менен төбө талаштыра шилтегенде, башын калкалай берген сол колунун каруусуна тийип: «Ой, колу-ум!» дегенге араң жарап, апам өң-далеттен кетип, эси оой, башын салган бойдон отуруп калды. Атам:

– Мен сени казактардан башка бирөөгө катын болуш үчүн апкелген эмесмин, – деди да, суу илгичти далистин бурчун көздөй олдоксон ыргытып жиберип, өзү тышка чыга жөнөдү.

Жоолугу артына түшкөн апам ооруксунган сол колун оң колу менен сүйөп, көздөрүнөн жашы мөлтүлдөп, солк-солк ыйлап отурду. Аңгыча Күкү апам тыштан кирип, апамды көрө койду да, анын алдына отура калып:

– Э, кагылайын жеңе, эмне болуп кетти? – деди кадыресе үрпөңдөп.

– Колу-ум. Колумду сындырды, – деди апам үнүн улуй чыгарып. – Суу илгич менен башка чапмак болгондо колумду тосо бердим. Каруума тийди. Ооруганын айтпа. Сөөгү талкаланды го!

– Эмне, Абыкемби? Абыкем чаптыбы?

– Анан ким болмок эле?

– Э, кудай, Абыкем да ушунчалыкка чейин барабы? Урмак түгүл, өмүрүндө өйдө карап көргөн эмес, Сыйнап апабыз менен Субайда жеңеме. А чатагыңар эмне?

– Түндө ээрчишип жүргөнүңөр ким дейт.

– Э, кокуй, жеңе, аны айтпай эле койолу дебедик беле. Эмне, ошону айтып койдуңбу?

– Жок. Өзү терезеден байкап калган көрүнөт.

Ушул жерден мен сөзгө аралаштым.

– Күкү апа, түндө силер келгенде мен тышка чыкпады белем. Ошондо эки киши биздин чарбактан чыгып баратышканын көргөм. Эртең менен ошону атама айткам, – дедим өзүмдөгү болгон чындыкты жашырбай. Күкү апам менен апам мени таң кала жалдырай тиктешти. Анан унчукпастан ордуларынан турушуп, төркү бөлмөгө кирип кетишти. Мен тышка чыктым.

Ошол күнү кечинде атам келгенде, аны ээндетип, Күкү апамдын атама минтип жатканын уктум:

– Э кагылайын, Абыке, ушу кантип болсун? Суу илгич менен башка чапмак болуп? Колун тоспой башына тийсе эмне болмок? Балким баш сөөгү талкаланып, о кудай анын жүзүн ары кылсын, мерт болмок? Акыл-эсин жоготуп, жарым эс болуп калсачы? Абыке, укчу. Жородо болуп, кечиккен күнөөбүздөн коркуп, бизди узатып ээрчитип келишкен, тиги Малабек менен Карыпты өзүңө айтпай эле койолу дегенбиз. Ал экөөнүн тең аялдары бар. Аялдары жолдо үйлөрүндө калышып, биз көчөдөгү иттерден коркуп, ал экөө бизди үйгө чейин жеткирип келишкен. Э, жерге киргирдики, ошону жашырып, биз да бир келесоо экенбиз.

Атам башын салып угуп турду да, Күкү апамдын айтканына ишендиби, ишенген жокпу, анысы билинбей, унчукпастан нары басып кетти. Аз жерден капсалаң-каргаша менен бүтүп кала жаздаган бул окуядан кийин деле апам менен Күкү апам шерне, жоролорго барып, бирок кечикпей, убагында келип жүрүштү.

* * *

Ошодон көп өтпөй, атам катуу кеселдеп, көзүн ачпай араң эле дем алып, төшөк тартып жатып калды. Кеселдин кесепетинен атадан айрылып калуу коркунучу алты жашар менин деги бир оюма келген эмес экен. Эчтеме менен ишим жок, эшиктин алдында балдар менен чүкө ойноп жаткам. Аңгыча апамдын ачуу чыккан үнү мени селт эттирди.

– Ай, бас үйгө! Оюн десе тимеле оңкосунан кетет. Атасы өлгөнү жатса, эчтеме менен иши жок, мунун ойноп жүргөнүн кара! – деп ызырынды. Мен апамды үтүрөйө карап, анан оюнду таштап үйгө кирдим. Атамдын төшөгүнүн башында көзүнүн жашын мөлтүлдөтүп, Күкү апам отуруптур. Атам чалкасынан жатат. Көздөрү жумулуу. Ак чүпүрөктөй болуп, өң-далеттен кеткен. Дем алган-албаганы билинбейт. Мага атам уктап жаткандай сезилди. Мен атамдын ооруп жатканына эч бир маани берген жокмун. Оору деген эмне экенине ныпым түшүнүгүм жок эле.

– Айланайын, кудай! Жападан жалгыз карманганыбыз ушу Абыкемди ала көрбө! Андан көрө мен курманың болоюн, – дейт Күкү апам солкулдап ыйлап. Апамдын күйүп-бышканы анчалык билинбейт. Атамды мисирейе тиктеп, анын өлүмүнө баш ийгендей түрү бар.

Аңгыча коңшулар: Ожор менен кемпири, Сулайман ырчы, Чирикбайдын токол аялы Арпаке (кыргыздын болочоку жөө күлүгү Эрмекбай Черикбаевди тууган энеси) ээрчишип кирип келишти. Сулайман ырчы атамдын баш жагына отуруп, алаканын атамдын чекесине койду. Ичинен бирдемелерди күбүрөдү. Анан эки алаканын жайып:

– О, кудуретиңден айланайын, Жараткан Алла! Ушул жердеги тургандардын атынан, аялынын, карындашынын атынан, жалгыз медери Казакбайдын атынан суранарыбыз, мээримиңди төгүп, өзүңдүн кулуң Абдышка өмүр жалга. Абдышты алып кетсең, башкасын коюп, каргадай жалгыз баласынын күнү эмне болот? О, борукер кудайым, бир жолу ырайымыңды бере көр! – деп бата кылды. Сулайман ырчы кайрадан атамдын чекесине алаканын коюп, бир топко укалап отурду. Бир оокумда, адегенде кирпиктери кыймылдап, анан үлүрөйө атамдын көзү ачылды. Өлүмтүк каректери тургандарды биринен сала бирин карап, көз учкуну мага келип урунду. Ошол бойдон тартып кете албай, кадалган бойдон турду. Көздөрү кайрадан жумулуп, бир саамдан кийин ачылды. Дагы деле болсо мени тиктейт.

– Абыке, кандай акыбалың? Эсиңе келдиңби? – деди Сулайман ырчы эңкейе берип. Атам буга жооп кылгансып, башын билинер-билинбес ийкеген болду. Сулайман ырчы апам менен Күкү апама кайрылып:

– Ысыктап калган көрүнөт, эти жок, тузу кем суюк кесме көжө жасап бергиле, – деди да ордунан көтөрүлдү. Үч күндөн кийин атам баш көтөрүп, беш күндөн кийин төшөктөн туруп, эл катарына кошулду.

Атамдын ошондогу ооруганын эстеп алып, азыр жүрөгүм оозума тыгылат. Чын эле ошо илгери атам кокус көз жуумп кетсе, мен шордуунун тагдыры эмне болот эле? Жаш казак апам өзүнүн казактарына кетип, болбосо бир кыргызга тийип алмак. Мен Күкү апамдын колунда калмакмын же казак апам менен ээрчишип жүрмөкмүн. Балким өз таякелерим колдоруна алышмак. Саткын эжем да бар эле да. Бирок Сулайман ырчынын жалынганы жар болдубу, кудай бу жолу мээримдүүлүк кылып, атам кеселинен айыгып кетти. Атам тез жыгылып, кайра тез эле айыккан ошол эмне кесел экенин азыр болжолдой албайм. Балким кайсы бир тамактан ууланган болушу да мүмкүн. А балким эч далили жок, ак жүрүшкөн апам менен Күкү апамды бекер эле күнөөлөгөндүгү үчүн, дин жолунда таза жүргөн адамга Кудай таала ошондой дарт жиберип эскерткендир. Атам андан кийин апам менен жыйырма жылдай өмүр сүрдү. Бирок кол көтөрмөк түгүл, өйдө карап үн чыгарган эмес. Чын-чынына келгенде атамдын молдолугу, эл арасындагы касиеттүү аброю апамдын албуут чалыш аксым мүнөзүн тизгиндеп турчу.

* * *

Атам ооруган ошол жылдын жазында ал бир жакка барып келди да, көчөбүз деп калды. Анын эртесинде эки ат токулуп, бирине жууркан-төшөктөр теңделип, экинчисине ичине аны-муну салынган таар куржун арта салынды. Аттанарыбызда атам Күкү апама:

– Эми Ултаң экөөң калып, оокатыңарды кылып тургула. Тияктагы иштерим бир ыңтай болуп, ылайыгы келе калганда келип көчүрүп кетем, – деди.

Күкү апамдын көздөрүн жаш чайып:

– Макул, Абыке. Андан көрө кудай өзүңдүн жаныңды аман койсун. Бизге калдайып караан болуп, тирүү жүргөнүң олжо, – деди. Анан ал атам менен апама алмак-салмак кол берип коштошту. Менин бетимден өптү. Көздөрүн жаш чайды.

Атам жууркан-төшөк теңделген атка, апам куржун арта салынган атка минип, Күкү апам мени ага учкаштырды. Ултарбек экөөбүз үндөбөй, тиктешип коштоштук. Ал эмнегедир мени элейе карап турду.

 

Биз аттанып, Чырканак аркылуу өтүп, Чат-Базардын башынан түшүп, Үч-Кошой суусундагы эски көпүрөдөн өтүп, бака терек, кара тал, чырканак, караган жана башка бадал өсүмдүктөрү жыш өскөн токой аркылуу кеткен араба жолго салдык. Караколдун суусундагы жазуучу Касым Каимов аңгеме кылып жазган Анарбайдын көпүрөсүн артта калтырып, өрөөн аркылуу чыгыш тарапты көздөй жолубузду уладык. Ал кезде атын билмек кайда, кийин билсем, «Арал», «Терек», «Биринчи май» кыштактарынан өтүп, Кара-Чокуну жандай салып, «Жаңы-Турмуш» колхозу деп аталган, акталбаган жалпак боз чаңгыл тамдары бар, бир көчөлүү кыштакка жетип, кыштактын түштүк тарабындагы токой четиндеги бир боз үйдүн жанына келип токтодук. Бул ошол «Жаңы-Турмуш» колхозунун жылкычысы, бекене бойлуу, мурду белбаскак, бетинде чечектен калган чаар тактары бар Чегебай деген адамдын үйү экен.

Көрсө, атамды ошондо районго (анда Буденный району эле да, борбору Чат-Базар айылы болучу) чакырышып, жазганды билген билимдүү киши катары «Жаңы-Турмуш», «Биринчи май» жана «Терек» деген үч колхозго зоотехник кылып дайындашыптыр. Үч колхоздун малы үч жайлоого чыгат. Азыр ойлоп, атам ошондо ишин кантип аткарып жүргөнүнө акылым жете бербейт.

Ошентип Чегебайдын үйү менен биригип жашай баштадык. Азыр эсимде жок, Чегебайдын үйүндө канча жан бар экени. Аялы бар болучу. Анан канча жашта экенин билбейм, Чегебайдын бой тарткан боз улан Тазабек деген баласы бар боло турган. Ал өзүнчө ат минип, айылдагы мырза жигиттердин бири эле. Ошол Тазабек бир жолу бүктөлгөн кагазды мага карматып:

– Тетиги сууга бараткан чоң кызды көрдүңбү? Ойномуш болуп барып, бу кагазды ошого бер, – деди. Ошентип мен жетиге караган томолок бала кезимде Тазабек байкенин сүйүү катын аны арзытып жүргөн кызына жеткирип бергем. Бирок ал экөө кийин баш кошкон-кошпогону мага белгисиз бойдон калды.

Мына ушул чыгарманы жазып жаткан 2007-жылы: «Чегебайдын баласы Тазабек тирүү. Аныңыз миң чамалуу кою бар «чириген бай» деген сөздү бирөөдөн эшиттим. Болсун. Өз эмгеги менен тапкан малы өзүнө, балдарына буюрсун.

Май айынын аяк чени болуш керек, бир күнү эле «Суусамыр» жайлоосуна көчүп жөнөдүк. Жылкыны Чегебай менен анын баласы Тазабек айдады. Боз үйдүн эмеректери, буюм-тайым артылган үч бээнин бирин өзүнчө ат минген Чегебайдын аялы жетелеп, биринин чылбырын ошол жүк артылган бээнин куюшканына байлап коюшту. Жүк артылган бир бээни өзүнчө ат минген апам жетеледи. Мени ыңырчак токулган кунанга мингизишти. Биз көчкөндө атам кайда экенин билбейм.

Ошентип көчүп жөнөдүк. Койчулардын үйлөрү ар-тылган бээлер да биздин артыбыздан чубады. Жүрүп отуруп, «Көпүрө-Базар» айылын араладык. Колуна айран, жарма же жөн эле карандай суу кармаган аялдар чыгышып, көч байсалдуу айтышат. Көчүп бараткандардын да, көч байсалдуу айткандардын да кабагы жарык, көңүлдөрү шат. Азыр ойлосом каардуу согуш бүтүп, байкуш элдин үтүрөйгөн кабактарынын ачылганы ошондон тура.

«Көпүрө-Базардан» өтүп, андан ары жөнөдүк. Кенен жайык жер менен жүрүп отуруп, тайкы белди аштык. Сол тарапта урчуюп чыккан кызыл аскалуу тоо жатат. Бул асканын «Бакай-Таш» деп аталарын кийин билдим. Күн бешимдеп калганда «Талды-Булак» айылына жеттик. Бул айыл совет доору учурунда №113-асыл тукум жылкы зооту деп аталчу. Бул айылга убагында кер мурут советтик маршал Семен Буденныйдын өзү келип кеткен дегенди уккан жайым бар. Бул айылдан да көч байсалдуу айткандар болушту.

«Үч-Кошой» суусун кечип өтүп, «Өтмөк» ашуусун көздөй кетүүчү өрөөндүн оозуна барганда кеч кирип кетти. Ат үстүндө иттей чарчап, уйкум келет. Үргүлөп кетем. Секиртмелүү жалгыз аяк таштак жол менен баратабыз. Ыңырчактын башын кучактап алгам. Бир оокумда уктап кетип, кунандын үстүнөн шалак кулап түшкөнүмдү билбей калдым. «Ай!» деп бир чаңырып, томолонуп-жумаланып ордумдан тура келдим. Жоош кунан экен туруп калды. Апам үнүмдү угуп, минген атынын ооздугун тартып токтотту. Чегебайдын аялы да токтоду. Экөө тең аттарынан түшүп, алды менен Чегебайдын аялы жүгүрүп келип:

– Алда катыгүн ай-я. Карачы. Капсалаңды кайдан деп болбойт. Кагылайын, бир жериң ооруган жокпу?-деп чебеленди.

– Оң ийним ооруп жатыр, – дедим катуу ооруп жатканын билгизбей. Аял оң колунун сөөмөйүн оозума салып апаптады: «Бул менин колум эмес, Умай эненин колу, ап-ап». Ал ушул айтканын үч ирет кайталап, анан алаканын оң ийниме абайлай коюп:

– Кана, каери ооруп жатыр? Акырегиң окус болуп калган жок бекен? – деп аяр кармалады. Оң колумду өйдө-ылдый кылды.– Жок сынбаптыр. Жөн эле эти ооруп калган тура. Бир аздан кийин басылып калат.

Апам аялдын артынан келип, жүзүнөн мени аягандык билинбей, мени бир саамга карап турду да:

– Э, жаман, атка минип жүргөндү да билбейт, -деди.

Көрсө, ыңырчакка илинген чирип бараткан эски жиптен жасалган үзөнгүнүн оң жактагысы үзүлүп, тең салмактуулукту жоготуп, ошол себептүү кунандан оң жагымды көздөй кулап түшүптүрмүн. Ийнимдин ооруганы басылып калды. Менин аттан жыгылганым себеп болдубу же караңгы кирип жол көрүнбөй калганы себеп болдубу, айтор а күнү токтоп, Чегебай баласы менен келип, жүктөрдү түшүрүп, ошол жерде түнөп чыктык. Биз эле эмес, жайлоого көчүп баратышкан башка колхоздордун жылкычы, койчулары да түнөштү. Айсыз караңгы түндө эсимде калганы: чуулдап кой-козулардын маараганы, жылкылардын кишенегени, иттердин үргөндөрү, малчылардын кыйкырыктары…

Жерге көрпөчө төшөп, башыма ыңырчагымды жазданып, үстүмө чоң чапанды айкарасынан жаап жаткызып коюшту. Көнгөнүм ошо, жатарым менен катуу уктап кетиптирмин.

Эртеси дароо эле көчүп жөнөгөн жокпус. «Өтмөк» ашуусун али толук ачыша элек экен. Жүктөрүбүздү артынып, түшкө жакын көчүүгө камындык. Анан кууш өрөөндүн күңгөй жагындагы секиртмелүү жалгыз аяк жол менен көч чубап жөнөдү. Жалгыз аяк жол да, анын тыяк-быягы да быкыраган кесек-кесек кара таштар. Тоонун өйдө жагында урчуктуу кара аскалар. Басып бараткан жылкы кай бирде аягын койорго жер таппай, айласы кете токтой калат. Мен ыңырчактын башын кучактап алдым. Антпесем секиртмелүү жерден кунан секирип өткөндө шыпырылып түшүп, же бир жагыма ооп кала турганмын. Апам жетелеп бараткан жүктүү бээнин артынан илээлеп кетип баратам. Жол арбыбайт. Бир оокумда эле астымдагы бээ токтой калды. Мен минген кунан да токтоду. Апам артына кайрылып, жетелеген бээни чүчүлөдү. Анан мага кайрылып, чыбык менен бээни сооруга чапкын деди. Кунанымды итентип барып, бээни узун чыбыгым менен сооруга бир чаптым. Дирт-дирт эткен бээ ордунан жылбайт. Анан күчүмдүн жетишинче дагы чаптым. Бээ кош аягын алдыга бирдей таштап секирди. Анан эки арткы бутун коюп, кайрадан токтоп калды. Үстүндөгү артылган жүк оң жагына оой баштады. Оогон жүккө туруштук бере албай, байкуш бээ тырышып калч-калч этет. Арткы эки аягы жалгыз аяк жолдон чыгып, жүк улам оогондон ооп, бээ кулап кетпөөгө аракет кылып, урчук таштарга туяктары тийип, жан талаша тыбырчылайт. Айласы кеткен апам: «А-ай!» деп чаңырганча бээ жүк-пүгү менен оң жакты көздөй кулады. Анан жүктүн үстүнөн бээ дагы бир жолу аласалып кетти. Оогон жүк тартып калдыбы, бээ андан ары томолонгон жок. Бирок бээ турууга жанталаша төрт аягын тыбырчылатат. Туягы таштарга тийип, тимеле бир от чыгат дейсиң. Менин азыр эсимде жок, кайдан-жайдан эркектер пайда болушту да, тыбырчылап жатып айласы кетип тынчып калган бээнин жүгүн чечип, тургузушту. Чарчап-чаалыкса да коркуп калган бечара бээнин көздөрү оттой жанат. Сынбады бекен дешип, бээнин буттарын кармалап көрүштү. Анча-мынча айрылган жерлери гана болбосо, буттарына зак кетпесе керек, өйдө каратып, бээни кайра жүктөштү.

Көч уланды. Жолго чыктык. Таштары быкыраган баягы эле секиртмелүү жалгыз аяк жол. Улам өр тартып, жол түгөнбөйт. Кетип эле баратабыз, кетип эле баратабыз. Ашуунун белине жакындаганда алдыдагы көч токтоп, биз да токтодук. Бир саамдан кийин кайра жылып жөнөдүк. Анан эки жагы бийик дубалга окшогон кар өткөөлгө кирдик. Кар дубалынын бийиктиги кунан минип бараткан менин төбөмдөн ашат. Анча көп эмес убакыттан кийин, өткөөлдөн өтүп, ачык жерге чыктык.

Ушул жерден токтоп, кар дубал өтмөгүнүн жайын айтып берейин. Ашуунун белиндеги жаткан күрткү карга тийбесе, жайдын саратанына чейин жата берет тура. Ошол себептен карды кайраттуу эркектер күчтүү айгырларды минип, балталаңдатып, секиртип ачпаса, таластыктар Суусамыр жайлоосуна убагында өтө алышпайт экен. Айгыр жана күчтүү аттарды минип алышып, ашуунун белин ачканды өз көзүм менен көргөн жокмун. Кыштай жатып, катып калган төө боюндай күрткүгө кандай жаныбар батынып кире алат?! Элестетип көргүлөчү. Жарыктык жылкы жаныбарың баарына чыдап, ээсинин эмне кыл дегенин угат! «Кыргызды кыргындан сактап калган жылкы» деген сөздүн калети жок тура. Атаң көрү десең, минсе көлүк, сүтү кымыз, эти тамак, териси саба жана көөкөр, куйрук-жалы кыл аркан, тезеги отун...

Урматтуу окурманым! Мен сөз кылып жаткан ашуу эмне үчүн «Өтмөк» аталып калганын түшүндүң го дейм. Демек, тетиги кылымдардан бери таластыктар кар күрткүсүн ат минип бузуп, өткөөл, өтмөк жасап келишкен. Ошол себептен бул каардуу ашуу «Өтмөк» аталып калган көрүнөт.

Ошол жылы Суусамырдын тескейиндеги «Жайсаң» жайлоосун жайладык.

* * *

1947-жыл.

«1-Май» колохозунун Сагыналы деген жылкычысынын үйүнө кошулуп, бул жылы да Суусамырга чыктык. Бу саам «Балыктыны» жайладык.

Кеңирсиген Суусамыр жайлоосу. Казак менен кыр-гыздын канча малын батырган жайлоо. Суу боюндагы эрбейип-сербейип чыккан жапайы талдарды, караган-чырка-нактарды эсепке кошпогондо бийик чыккан өсүмдүк жокко эсе. Күңгөй беттерде жапалак арчалар таргылданат. Бетеге-тулаң белден буралган жалаң эле көк-жашыл адырлар, кокту-колоттор, түзөңдөр, апай беттер. Төрт түлүк малга атайын эле жаралып калган жер. Бир гана жери Суусамыр отунга тартыш. Кургабаган жапалак арчаны, алтыгананы быкшытып жагышат. Бир жолу отун жок, жаан жааган күнү, эски журттарда жаткан бодо малдын какжыраган сөөктөрүн жагып, эт бышырганыбыз али күнчө эсимде.

«Балыкты» жайыты Суусамырдын күңгөйүндө. Бир үйдө алты жанбыз. Боз үйүбүз кичинекей, тар. Алтоо болгондо: элүүнүн жетисине келип калган атам Абдыш, атамдан отуз жаш кичүү, жыйырма жетилердеги өгөй казак апам Үкүгүл, сегизден тогузга караган мен, жетимиш бештерге барып калган, бир жак бутунан сылтый баскан, бой-турпатынын берекеси жок, кызыл ээк сары чал Сагыналы, эти жок, сөңкөйгөн бойлуу Сагыналынын кемпири, анан он беш-он алтылардагы, алардын согуштан кайтпай калган жалгыз уулунун кызы, кой көздөрү оттой жанган, баскан-турганы чапчаң, күңкүлдөбөй, ачык-айрым сүйлөгөн, толмочураак келген, ак саргыл кыз Касиет. Ал кезде эмне, жууркан-төшөк, кийим-кече дегендер аябай эле тартыш.

Түнкүсүн чыгдан жактагы капшытта Сагыналы кемпири менен жатат. Берки капшытты атам менен апам ээлейт. Башыбызды кыбылага келтирип, төргө Касиет экөөбүздүн төшөгүбүз салынат. Күлгө көмүлгөн чокко түшүп кетпесин дешип, биздин төшөк менен коломтонун ортосуна чоңураак таштарды тизип коюшат. «Ал эми жаттык» деп Сагыналынын кемпири билик май чыракты өчүрөт. Чал-кемпир, анан атам менен апамды билбейм, биз Касиет экөөбүз дырдай жылаңач жатабыз. «Чечинип жатып жүргүлө. Жалкы көйнөк-ыштаныңар болсо, ооналактап бат эле жыртып аласыңар» деп Сагыналынын кемпири бизге катуу эскерткен. Касиет оң капталынан коломто жакты, мен сол капталыман жүк жакты карап жатабыз, май куйруктарыбызды тийиштирип коюп. Уялышканыбыз ошол болсо керек. Бирок менин жатканым жаман. Жаратылышымдан адатым ушул – башым жаздыкка тийери менен уйкуга кетем да, таң заарынан ойгонуп алам. Карасам эле камыр-жумур болуп, Касиет менен аяк-башы болуп калам. Эртесинде бээ сааганы баратканыбызда Касиет:

– Жатканың жаман. Мени коломтого түртүп салыпсың, – дейт.

– Ооба сага, калпычысын. Өзүң эле мени коломтого ала кетет турбайсыңбы, – дейм мен да болбой. Минтип айтканымдын жөнү бар. Эмне дегенде, бир жолу, адатымча таң заардан ойгонуп алып жатат элем, Касиет уйку-соонун арасында мени өзүн көздөй тартып, кош алмалуу жылаңач бооруна бекем-бекем кысып койгон. Бул бир эле жолу эмес, бир нече жолу кайталанган. Бой тартып калган кызга наристе болсом да эркектин жыты, эркектин денеси керек болуп жатса керек деп, мына азыр алтымыштан өткөндө өзүмчө тыянак чыгарып отурам. Ошо сегизден тогузга караган наристе кезимде эле мен да кыздын жытына мас болгом, кумардангам, кумарымды кандыргам. Күн өткөн сайын ал экөөбүз баш кошкон эки жаштай, жып-жылаңач жаткандан уялышпай да калдык...

* * *

Бир жолу: «Чым-Молонун» түзүндө казак, кыргыз жыйылат экен. Оюн-тамаша болот экен. Эки элдин Жайлоо Совети ушинтип сүйлөшүптүр» деген сөз угулуп калды. Атам башка жайлоодогу малчыларга кетип, үйдө жок болучу. Сагыналы менен кемпиринин ой-боюна койбой, апам менен Касиет да барабыз деп ээленип алышты. Мени да алып алмак болушту. Ошо жыйынга баруунун демилгечиси чынында апам болду. Апам айтып жаткандан кийин атамдын кызматын болсо да сыйлап, Сагыналы кың дей алган жок. Апамдын барабыз дегени, балким, өзүнүн казак төркүндөрүн көрөйүн дегени болсо керек.

Ошентип жыйын болот деген күнү Сагыналы токуп берген үч атка үчөөбүз минип, элдин шарына кошулуп, биз да жөнөп калдык. Менин мингеним быйыл эле үйрөтүлгөн кунан. Балыктынын суусун жээктей ылдый түшүп, анан Суусамырдын көк ирим болуп шар аккан чоң суусун бойлоп, күн чыгыш тарапты көздөй жөнөдүк.

Күн тоо башына жаңы эле көтөрүлүп, анын саргыч нуру адырлардын бетине төгүлдү. Серүүн жел келет. Суу боюнда ар кайсы жерде топ-топ болуп жапайы талдар дүпүйөт. Кокту-колоттордо, түзөң жерлерде кочкул-жашыл тартып алтыгана торпуланат. Көк-жашыл адырлардан улам ары тоолор бийиктеп, түтүндөнө көгүш тартып, аягы барып ак мөңгүлүү чокулар менен бүтөт. Адырларда жыбырап жайылган мал көзгө урунат…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 6780