Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 15-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Мансап

Публицистикалык роман

Элибизге таанымал жазуучу-акын Казакбай Абдышевдин “Мансап” романы тоталитардык учурунда ири чиновниктердин түрдүү интригалык оюндарын, трайбализмдин, жердешчиликтин, кызылдай паракорлуктун, көрө албастык менен ичи тардыктын, кошоматчылыктын, эң негизгиси мансаптын кулуна айлангандардын бийлик үчүн күрөшүндө чындык деп чырылдагандардын тарткан запкысын көркөм талдоого алган. Азыркы учурда детективдик, мистикалык жеңил чыгармаларга басым жасалган шартта бул романдын жарыкка чыгышын мезгилдин талабы катары эсептөө керек. Эски доор менен жаңы мезгилдин ичара байланышы – коррупция менен мафия аркылуу аныкталарын автор чеберчилик менен чагылдырат. Чыгармадагы чыныгы турмуштук окуялар окур-мандарды кайдыгер калтырбайт, себеби жазуучу эки доордогу оригиналдуу тез көрүнүштөрдүн коркунучунан сактанууга таштаган чакырыгы катары санасак болот.

Абдышев К. Мансап: Роман. – Б.: Университет, 2012. – 494 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А 13
    ISBN 978-9967-02-816-6
    А 4702300100-12
    Нуска 1000 даана

 

АЛГЫ СӨЗ ОРДУНА

Азыркы күндө кыргыз адабиятында поэзия жанры күчтүү өнүккөн өңдөнүп жатканы менен проза, драма жанрларынын абалы канааттандырарлык эмес абалга жеткенин белгилей кетсек болот. Адабияттын башкы максаты каармандын көркөм образы аркылуу анын жашаган доорунун артыкчылыгы жана кемчилдиктери терең талдоого алынып, окурманга эстетикалык жактан ырахат тартуулап, ошону менен бирге анын таалим-тарбиялык мааниси автор тарабы-нан жеткиликтүү чыгарылышы зор мааниге ээ. Чыгарманын кубаты – бул көп кырдуу окуялар менен эмес, анын көтөрүп чыккан проблемасына жараша бааланат. Албетте, чыгармачылык иште каар-мандын типтүү образын түзүүдө автордун турмуштук тажрыйбасы, ой өрүшү, көркөм ойлоо жөндөмдүүлүгү, талыкпас зор эмгеги жана көркөм каражаттарын орундуу пайдаланышы зор мааниге ээ жана жоопкерчиликти сезе билүүсү да кандайдыр бир деңгээлде өз таасирин тийгизери жалпыга белгилүү эмеспи.

Моюнга алуу керек, мамлекетибиз рыноктук экономикага өткөндөн тартып чыгармачыл иште солгундоо башталган болучу. Чыгармаларын басмадан жарыкка чыгаруу үчүн каражаттын жоктугунан акын-жазуучуларыбыз күнүмдүк көр турмуш менен алпурушуп калды. Ал эми басмадан чыккан китептердин басымдуу бөлүгү детектив, мистикалык триллерлер, тарыхый деп аталган майда-чуйда бирдемелер, тактап айтканда кылмыш чөйрөсүн даңазалаган, моралдык жактан кыйроого учурагандардын кийин бактылуу турмушка ээ болгондугун, адам ынангыс “көзү ачылгандардын” олуялыгын, болбосо кечээ эле камчысынан кан тамгандарды учурдун чыгаан баатырлары катары даңазалаган, көркөм чыгарма деп атоого болбогон мистикалык баяндоолор мүнөздүк касиетине ээ болгон китептердин саны көбөйдү. Натыйжада калкыбыз акыркы жыйырма жылдын аралыгында рухий-духовный жактан кыйроого багыт алгандай таасир калтырат. Себеби, мурдагы муундар агроном, дарыгер, мугалим жана башка кесиптердин ээси болом десе, азыркы муундагы өспүрүмдөр бизнесмен же же “смотрящий” болом дегенине күбө болобуз.

Ушундай кыйын мезгилде дагы деле уучубуз куру эмес экен, реалдуу жашообузду чагылдырган, нукура турмушту көркөм талдоого алган чыгармалар жазылып жаткандыгы көңүл кубан-дырат. Буга элибизге таанымал жазуучу, акын, обончу, сүрөтчү, комузчу, домбурачы жана нечен жылдар жооптуу кызматтарды аркалап келген Казакбай Абдышевдин “Мансап” аттуу романын кошсок болот. Бул романдын артыкчылыгы эмнеде?

Адабият менен адам жашаган тарыхый доорду бири-биринен бөлүп кароого болбойт. Бул пикирди жазуучу Казакбай Абдышев ушул “Мансап” романы аркылуу тастыктап берип отурат. Тарых адамзаттын өнүгүүсүн хронологиялык жактан изилдөөгө алса, адабият каармандын тарыхый бир мезгилдеги дүйнө таанымын, оймүдөөсүн, жашоо шартын, алдыга койгон максаттарын, өнүгүү этаптарында калыптануусун көркөм талдоого алгандыгы менен өзгөчөлөнөт да, өзү жашаган мезгил менен киндиктеш болуп калат.

Биз сөз кылып жаткан чыгарма бир жагынан алганда мемуардык мүнөзгө ээ болсо, жанрдык жактан публицистикалык роман десек да болот. Буга романдын каармандары А.Самсаковдун, Н.Жамакеевдин, А.Борукеевдин, Ү.Калыбаевдин, Д.Намазалиевдин жана башкалардын типтүү образдарынын ачылышы, алардын саясий жана коомдук ишмердүүлүгүндөгү жашырын сырлары жеткиликтүү иштелип чыккандыгы айкын мисал боло алат. Чыгарма тарыхый кырдаалдын турмуш менен айкалыштырып, азыркы учурдагы ай-рым пикирлерди төгүнгө чыгарат да, коомдогу терс көрүнүштөр буга чейин эле калыптанып бүткөнүн чеберчиликте сүрөттөйт.

Баарыбызга белгилүү, учурда өлкөбүздө коррупциянын гүлдөшү, трайбализм, бийликтин зомбулугу, ири чиновниктердин аксымдыгы акыркы жыйырма жылдын аралыгында эмес, ага чейин эле – тоталитардык системанын учурунда эле күч алгандыгын тайманбай ачыкка чыгарышы жазуучунун зор жетишкендиги болуп саналат. Ошону менен катар эле мансап илдетине чалдыккандар элге жана мамлекетке эмес, чексиз байлыкка, жалган атак-даңкка ээ кылуучу кызмат үчүн күрөшүп келгенин, бул акырындык менен бүтүндөй коомду айыкпас илдетке учуратканын ирети менен далилдеп берет. Социалисттик түзүлүштүн кулашынын негизги себе-би ушунда экенин автор чечмелеп көргөзөт.

Чыгарманын дагы бир өзгөчөлүгү — анын бир дем менен жазылганында. Ушундан улам айрым көркөмдүк жактан мүчүлүштөр, стилиститкалык майда-барат каталар, адабий тилдин норма-сына кирбеген айрым диалект сөздөр кездешет. Бирок бул кемчиликтер чыгарманын маанилик мазмунуна, көтөрүп чыккан проблемаларына доо кетирбейт. Эң негизгиси, чыгарманын таалим-тарбиялык маанисинин салмагы учурдагы ат көтөргүс экендигин белгилесек болот.

Эртабылды Аттокуров

 

ҮСӨН КАЛЫБАЕВ ЖАНА БАШКАЛАР

 

САДЫК ЭСЕНАЛИЕВ

1965-жыл.

Политехникалык институтту бүттү деген диплом колума тийип, айылдагы ата-энеме, али жаш үч карындашыма каралап, өз облусубуздун борборундагы автобазага ошол кездеги министрибиз Үсөн Калыбаевдин колу коюлган жолдомо кагазын алдым. Ошол эле политехтин технологиялык факультетинин акыркы курсун бүтүргөн аялымды Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарына практикага жөнөтүп жиберип, Фрунзеге (Бишкек) көп аялдабай, айылды көздөй жол тарттым. Алдыда эмне деген тагдырлар күтүп турганы менен эч ишим жок, машакаты аз студенттик турмуштун күүсү менден али кете элек. Жүрөгүмдө кандайдыр кубаныч жана сыймык бар. Кыязы техникалык институтту бүтүрүп, инженердин дипломуна ээ болгонумдан болуш керек. Өз айылыбыз эле эмес, районубуздан механика боюнча инженерлик кесиптин ээси болгондордун эң алгачкыларынын биримин.

Мен түшүп бараткан жыйырма орундук автобус кыйнала ыңылдап, Бала-Чычкандын суусундагы эски жыгач көпүрөдөн өтүп, кырга көтөрүлгөндө көз алдыма өз айылым тартыла берди. Бала чагым, жаштыгым өткөн жер көзгө бир башкача сүйкүмдүү көрүнөт. Азыр июнь айы аяктап баратат. Жаратылыштын болуп турган кези. Айланама суктана карайм. Жолдун оң жагында жаткан Кара-Ойдун тайпак дөңдүү түзүндөгү кара беде тетиги бакдарагы дүпүйгөн биздин кыштакка чейин көк-жашыл болуп жайкалат. Сол тарапта Борбаштын оюна баягы мен айылдан кете электегидей эле жүгөрү айдашыптыр. Андан ары Чоң-Саздын түзү созулуп, жээгине караган, чырканак, майда кара тал өскөн Үч-Кошойдун суусуна барып такалат.

Мындан беш жыл мурун Фрунзеге окууга кете электе үч жылы айылда тракторчу болуп иштегем. Ошондо үч жолу ушу Кара-Ойдун тайпак адырлуу түзү менен Борбаштын оюна соко салгам. Ошол үч жыл ичинде колхозубузга тиешелүү айдабаган жерим калган эмес. Башы Боз-Талаа, Таш-Төбө, тыягы Тегерек-Саз, быягы Чыбырга чейин чыгып, жардамчы тракторчум экөөбүз кезектешип, тракторду тындырбай тытыратып эле айдап жүрчүбүз. Ал кезде айлык деген менен деле ишибиз жок, тракторчулардын бригадири Акыш (өз аты Акматбек) көрсөтүп берген жерди күн-түндү билбей күркүрөтүп эле айдап кирчүбүз. Эмгегибиз текке кеткен жок. «Азаматтар» деп эл оозуна илиндик. Айылдык Советке депутат болдум. Май жыттанган, карала-торала тракторчу болсом да, айылыбыздын ак жуумал сулуу кызы Кеңешти өптүм. Аны бирөө зордоп ала качып кетип, солуктап ыйлап, биринчи наристе сүйүүм менен коштошком...

 

...Менин окууну бүтүп келгенимди белгилеп, ата-энем жайлоодон бир күрпөң козу алдырып сойдуруп, коңшу-колоңдорго, туугануруктарга тамак берди.

– Кагылайын, окууңду бүткөнүң жакшы болуптур. Бирок өңүң азгын го? – дейт кемпирлердин бири.

– Азгын болбой. Беш жыл деген оңойбу? Таң эртеңден кечкете караганы кагаз болсо. Көз майын ичет да, – дейт башка бири.

– Анын үстүнө ашказаны да оорукчал эмеспи, – дейт казак өгөй энем.

– И-и, кагылайын десең. Аш казаны бала кезден ооручу эле го. Эми жакшы болуп кеттиңби? – дейт Кенже чоң апам жыртак көзүн мээримдүү мага тигип.

Андан ары да кемпирлер арасында: «Келинчеги кайда экен? Бой-моюнда бар бекен?..» дегенге окшогон сөздөр уланат.

– Бу-у, биз билгенден мал догдур, заатехник, аграном дегендердин окуусу бар, А сеники эмне деген окуу? – дейт чалдардын бири кепке кошулуп.

– Инженер, – дейм алар ошого түшүнүп коюшкансып.

– Инженер-пинженериңди биз... биз кайдан билдик. А көрөк, а көрөк, канча айлык алат экенсиң, канча айлык? – дейт өтүкчү Жумаш чоң атам (Кенже чоң апамдын чалы) быдылдата кычаш сүйлөп.

– Азырынча билбейм. Кызмат ордума жараша болот ко, – дейм карыянын суроосуна анча маани бербегендей.

– Ой, деги, кезек-кезек бизге чай-чуй ала келгенге жарайсыңбы? Баарын коюп, ошону айтчы, ошону, – дейт тепейген Жумаш карыя куудулданганынан жазылбай.

Мен эмне дээримди билбей унчукпайм. «Апкелип турбай анан, апкелем» деп калп деле болсо карыянын көңүлүн жайгарып койсом болмок. Бирок анте албайм. Көзүм жетпеген нерсеге так жооп бере албаган илдетим бар. Анын үстүнө бала кезимден калп айтып көргөн эмесмин.

– И-и, эмне унчукпайсың? Ылдый баш болуп, жаман чыгып калгансың го, ия? Биздин чылпактарды катындары башкарат дешет. Сен да ошентип ылдый баш болуп калгансыңбы?

– Эми болбодубу? Жаш баланы уялтып. Жосуну жаман, – деп Кенже чоң апам чалын кага сүйлөдү, чылпактын эркектерин аялдары башкарат дегенди ырастагансып. Жумаш карыя адегенде кемпирин бир тиктеп, анан башын салып ойлонгонсуп калды.

– Буйруган бир айлыгы тургандыр. Өзүлөрү жаңы тирилик болуп жатышса. Андан көрө кудай жанына кубат берсин. Биздин тилегенибиз ошо, – деди Кенже чоң апам бул сөздү жыйынтыктагансып.

Тамак ичилип бүткөндөн кийин отургандар алакан жайып: «Алтын башың аман болуп, алганың менен тең кары» деген ак баталарын беришти.

Июль айын айылда өткөздүм. Бала чагым өткөн жерлерди кыдырдым. Үч-Кошой, Чоң-Чычкан сууларына кайырмак салдым. Чөп чаптым. Картөшкө түптөдүм. Касиетиңден айланайын, тууган жер! Кетким жок.

Бирок күткөн күн келди да, чабаданымды алып, ишке орношмокко облустун борбору Талас шаарына жөнөп кеттим.

 

Автобазага эртең мененки саат он ченде келдим. Мен киргенде начальник телефон аркылуу бирөө менен сүйлөшүп жатыптыр. Ал көзүнүн үстү менен мени бир карап коюп, келген-келбегеним менен иши болбой, сүйлөшүүсүн уланта берди. Босогодо ыңгайсыздана бир азга туруп, анан дубал түбүндөгү тизилген орундуктардын эң четкисине коомай көчүк бастым.

Начальник чекесине түшкөн чачын улам артка сылай, манжалары биригип, бүкүрөйгөн оң колун үстөл үстүн сайгылай коштоп, өтө кызуулана сүйлөп жатты. Бир оокумда барып трубканы ордуна коюп, чекесине түшкөн чачын салаалап артка кайрыган болуп, комдоно мени сүзө көз чаптыра берип:

– И-и, келипсиз, жигит? – деди. Анын үнү мага эмнегедир кекээр угулду.

Мен ордуман көтөрүлө берип:

– Сиздерге ишке жиберишти эле, – дедим.

– Ким? Кайдан жиберди?

– Министрликтен. Окууну быйыл бүткөм.

– Кайсы окууну?

– Политехникалык институтту.

Начальник үрпөйө мени тиктеп калды.

– Орун жок. Бир да орун бош эмес.

– Билбейм. Сиздерге жиберишти го, – дедим начальник телефон менен сүйлөшүп жатканда чабаданымдан алып койгон министрликтин жолдомо кагазын ага суна берип.

Начальник кагазды алып, көз жүгүртүп болуп:

– Отуруңуз, – деди, үнүнөн кекээрлик кетпей.

Начальниктин алды жагындагы жайдак үстөлдүн эки жагына коюлган отургучтардын биринен орун алдым. Начальник жолдомо кагазга кайрадан көз жүгүрттү.

– Эмне, башка жерде кызмат жок бекен?

– Ата-энеме каралап, өзүм сурангам, – дедим чынымды жашырбай.

– Таластык болосуңарбы?

– Ооба.

– Каеринен?

– Жогорку элден. «Кара-Ой» айылынан.

– Слушей, бош кызмат барбы-жокпу, ошону билбей туруп, сурана бересизби? – Ал үнүн көтөрө чалып, ныгыра сүйлөөрүн байкадым.

– Анысын билбепмин. Суранды элем, жазып беришти.

Начальник чукчуйган арык денесин отурган ордунда ойдолотуп, дагы ойлонгонсуп калды. Орун жок деп кагазымды кайрып берет ко дедим. Бирок андай болгон жок. Ал өзүнчө күңгүрөнө кимдир бирөөгө ачууланып, жолдомо кагазын менин алдыма ыргыта таштай берип:

– Вообшем я не знаю, что делать с вами, – деди ал эми орусчалап, кызууланганынан жазылбай, суук көздөрүн мага жиберип. Ал ордунан туруп, сол колун шымынын чөнтөгүнө солой салып, башын жүткүнтө терезени көздөй басты. Бир саамга терезе аркылуу тышты карап турду. Анан тез бурула берип:

– Эртең келиңиз, – деди кекете, сөөмөйүн мени көздөй кезеп.

 

Мен тышка чыктым. Өз оюна койсо Эсеналиев балким мени кызматка алмак эмес. Жолдомо кагаздан чоочуду. Анда автомобиль транпорту жана шоссе жолдор министри Үсөн Калыбаевдин көк сыя менен койгон бадырайган таанымал өз колу турган болучу.

* * *

Көзөмөлдөөчү механиктин ордун беришти.

Автобазанын башкы инженери Николай Андревич Золин өз кабинетине чакырып алып, ишимдин жөн-жайын түшүндүрүп, кызматымдын милдеттери жазылган эрежени колума карматты.

Ошентип иштей баштадым. Бир сутка иштеп, үч сутка бошмун. Бош күндөрү элүү чакырым алыстыкта жаткан айылыма кетем. Кетпесем, бажам Сүйүнтбектикине конуп калам.

Өзүмө өзүм баа берген жерим бар. Ал – менин берилген көрсөтмөлөр менен тапшырмаларды уят болуп калбайын деп, жол-жоболордун чегинен чыкпай, өз убагында так аткарышым.

Аткара турган ишимдин негизи булар: гаражга кирип— чыккан машиналардын эсеп-кысабын алмай. Алды артын карап, бузугу болсо тиешелүү ремонт зоналарына жөнөтмөй. Азыраак эле бузугу бар машиналарды гараждан чыгарбайм. Тышка чыгып иштеп, гаражга кайткан машиналарды эрикпей, кыбыр эткенине чейин карап чыгам. Кай бирде машиналар биринин артына бири тизилип отуруп, көчөгө толуп чыгып кетет. Чыдамы жок шопурлар машиналарын түтүлдөтүшөт. Мен ага көңүл бурбай, өз ишимди уланта берем.

Бир жолу кечке маал аңга түшүп алып, кезеги келген машинанын астыңкы тетиктерин текшерип жаткам.

– Cлушай, бери чыгыңызчы, – деген үндөн улам жогору карасам, аңдын кырында башын эңкейтип начальнигибиз Эсеналиев турат.

– Саламатсызбы, Садык Эсеналиевич. Мен азыр. Бу машинанын алдын карап бүтө коеюн, – деп ишимди уланта бердим. Анан жогору чыгып, шопурдун жол баракчасына белгилерди коюп, начальникти карадым.

– Бери жүрүңүзчү, – деп начальник дарбазадан тышты көздөй басты. Мен артынан ээрчидим.

– Караңызчы, – деди ал биринин артынан бири тизилишкен машиналарды колу менен жаңсай көрсөтө берип. – Бу машиналар, эмне, таң атканча турушабы?

– Жетишкеним ушул болуп жатыр, машиналардын көбү бир маалда кайтып, – дедим күнөлүү мен өңдөнүп, кантсе да үнүмдү тайсалдата чыгарып.

– Слушай, а другие как успевают? – деди начальник орусчалап. Жини келе баштаганда ушинтип орусчалап жибермейи бар экен.

– Билбейм.

– Слушай, как билбейм, как билбейм. Надо же успевать.

– Садык Эсеналиевич, ар бир машинаны караганга мөөнөт коюлган. Мен андан ашып кеткен жокмун.

– Слушай, вы кого учите? – деди ал жаман көзү менен үлүрөйө карап. – Я ничего не знаю. Давайте, как хотите, машиналарды тез киргизиңиз.

Ушинтип кекетип-мокотуп, начальник басып кетти. Мен эмне кыларымды билбей, абдырап туруп калдым. Бир жагынан алганда начальниктин айтканынын да жөнү бар. Эртеден кечке иштеген шопурлар машиналарын коюп, үйлөрүнө барып, эс алуулары керек. Бирок жумуш аягында машиналардын жыйылып келгенине мен күнөөлүү эмесмин да. Башкы инженер Золин да: «Жакшы карабай, машинанын бузугунан жол кырсык-курсугу болсо, ириде керт башың менен сен жооп бересиң» деген. Анын үстүнө эртең менен машиналарды көп кармабай, гараждан тез чыгарып жибериш үчүн кечкисин тыкан текшерүү керек деп жобосунда да жазылган.

Мен өз ишимди уланттым. Начальниктин айтканы менен болбой, ар бир машинаны карала турган жерлеринин баарын текшерип, ошодон кийин гана гаражга кийирип, оң эместерине керектүү ремонт кагаздарын жазып берип жаттым.

Машинанын кичинекей эле бирдемеси бузук болсо гараждан чыгарбай артка айдачумун. Машиналардын мүнөздүү келген бузуктарынын бири машина оңго же солго буруларда бирде өчүп-бирде күйүп турган лампочкасынын иштебей калышы эле. Анын релеси иштен чыгып, биротоло күйгөн абалга коюп коюшчу. Бир күйүп, бир өчүп турбагандан кийин, артта келаткан шопур алдындагы келаткан машинанын буруларын билбей, кууп өтөм деп, эки машина кагылышып калышы мүмкүн. А чынында бурулуунун релеси табылбас тетиктердин бири. Мындайча айтканда дефицит. Муну мен Фрунзеде бир автобазада үйрөнчүк болуп практикада жүргөндө эле билчүмүн. Ошондо автобазанын бир слесары бурулуунун релесин өзү жасап, өндүрүшкө киргизген. Ошонун схемасын чийип алгам. Бир жолу ошону папкедеги кагаздарымдын арасынан таап алып, автобазага алып келдим. Өзүнүн автомобиль транспорту боюнча орто же жогорку билими жок, арка жону томпойгон бүкүр, кыбырап жай баракат баскан мастерскаянын начальниги Обөедкого бардым. Ал экөөбүз гараждын ичинен жолугуштук. Ошол эле жерден чиймени
көрсөтүп, иштөө принциптерин түшүндүрдүм. Ал түшүндүбү же түшүнгөн жокпу, билбейм, кагазды кайдыгерлене карап турду да:

– Биз да карап жаткан жерибиз жок. Биз да бул туурасында ойлонуп жатабыз, – деп эки колун купайкесинин чөнтөгүнө салып, бүкүрөйө акырын басып кетти.

Мен буга анчалык деле таң калган жокмун. Ойлонуп жатышса жакшы болуптур деп, өз жолума түштүм. Мен жаратылышымдан ишенчээк жанмын. Өзүмө өзүм кандай ишенсем, башкага да ошондой ишенем. Обөедконун айтканына ишендим. Ошол себептен реле туурасында экинчи сөз кылган жокмун. Бирок «реле оорусу» айыкпаган бойдон кала берди. А мен болсом анысы иштебеген машиналарды гараждан чыгарбадым. «Катаал механик» деген атка кондум. Мен бул «катаалдыкты» бирөөгө эрегишип жасаган жокмун. Жөн гана эрежеде жазылган өз милдетимди так аткарып жүрдүм.

Бир жолу мени начальник чакырды. Адатынча сүр көрсөтө, башын ылдый жүткүнтө, эки ийнин чыгара, коомайлана отуруптур. Көзүнүн үстү менен бир карап койду. Улам күн өткөн сайын бул адамдын кыялы, элге жасаган мамилеси мага айдан ачык боло баштады. Ал сырын бербей, кишини боюна жолотпой, дамамат жактырбаган кыязда кага сүйлөгөн адам экен. Менин билишимче башкы инженер баш болуп бизде иштеген бир дагы кызматкер ага каршы өз оюн, өз билгенин тике айта алчу эмес.

– Сиз план деген эмне экенин билсизби? – деди начальник мен анын алдына келип отургандан кийин. Мен кайсы, эмне болгон план жөнүндө айтып жатканына түшүнбөй, сөз учугу каякка баратканына көзүм жетпей, начальникти чоочуркай карадым. Ал көзүнүн үстү менен караган калыбынан жазылбай мени тиктейт. Анын бу карашында сурооно жооп күтүп жаткандык эмес, «Сен өзүң кандай кудай аткан немесиң?» деген жазуу бардай сезилди мага.

– Садык Эсеналиевич, кайсы планды айтып жатасыз? – дедим акырында кайрат жыйнап.

– Кайсы план, кайсы план? Слушай, институтта беш жыл силерге эмнени окуткан? – деди ал ныгыра сүйлөп.

Менин айлам кете түштү. Чынында эле кайсы план туурасында сөз болуп жатканын билген жокмун. Авторанспорт тармагын алганда эле пландын канча түрлөрү бар.

– Тонна, тонно-километр дегенди уктуңуз беле?

– Уккам.

– Ошол тонна, тонно-километрлер кайдан келерин, ошол эки көрсөткүч аткарылбаса эмне болорун билесизби?

Мен билбеген суроолорду биринин үстүнө бирин берип, начальник мени жарга такады.

– Слушай, что это такое? План жөнүндө да ойлош керек да? Кто отвечает за план? Я отвечаю, я! – деди начальник сөздөрүн коштой сөөмөйү менен үстөл үстүн ургулап.

Начальниктин мынчалык кызууланып жатканынын кантсе да мага тиешеси бар экенин туюк болсо да түшүнүп, бирок ачык себебин билбей, үн катпай, тим отургандан башка аргам калган жок.

– Жанагы болбогон жерден кыйкым таап, сиз чыгарбай жаткан ар бир машина тонна да, тонно-километр да экенин билесизби?

«А-а, ушундай де. Табышмактатпай эле айтсаңыз болмок экен» дедим ичимден иштин жайына эми гана түшүнө баштап.

– Садык Эсеналиевич, анан бузук болсо деле чыгара беремби? Маселен, повороту иштебесе деле?

– Релеси иштебеген эле машиналарды чыгарбай койосузбу? – деди начальник каршы суроону берип.

– Ооба. Чыгарбайм. Поворотунун иштебегени сөзсүз түрдө кырсык-курсук апкелет. План-сланыңыз менен менин ишим жок. Релени табышсын да коюшсун.

– Слушай, повороттун релеси деген жок нерсе. Дефицит. Табылбайт. Ошону түшүнөсүзбү?

– Аны түшүнгөндө, түшүнбөгөндө эмне? Көп машиналардын повороту иштебейт. Иштесе да, бир күйүп, бир жанбайт. Сиз ошону түшүнөсүзбү? – дедим мен да көгөрүп. – А жолдо кокустук болсо ким жооп берет? Ириде мен жооп берем. Дал ошондо сиз мага жардамга келбейсиз. Түрмөгө тыкканга кайра сиз өзүңүз жардамчы болосуз.

Эсеналиев мени үркө карады. Анан өлүмтүк көздөрүн тартып кетти. Менин алдымда ал биринчи жолу жеңилишке учураганын сездим. Чын-чынына келгенде аны да түшүнсө болот. Тонна, тонно-километрден план аткарылбаса, тресттен сокку жейт. Кызматынан ажырап калышы да мүмкүн. Азыр менде биринчи жолу Эсеналиевге болгон айоо сезими пайда болду.

– Садык Эсеналиевич, – дедим үнүмдү жайлата чыгарып. – Повороттун релесин колдон жасаса да болот.

– Жасаса болот? Кандайча? – деди начальник мени ишенимсиз карап.

Мен алиги чийме туурасында, аны Обөедкого көрсөт-көнүмдү кыскача айтып өттүм.

– И? Ал эмне дейт?

– «Биз да карап жаткан жокпуз. Өзүбүз да ойлоп жатабыз» деп мен көрсөткөн чиймеге көңүл бурбай басып кеткен, – дедим болгон сөздү жашырбай.

– Бирдеме чыкпасын билген да. Обөедко деген эң мыкты ойлоп тапкыч.

– Садык Эсеналиевич, сиз бир класстык билими жок Обө-едкого ишенип, мага, инженер-механикке ишенбейсиз. Азыр башкы инженериңиз Золинди Обөедкосу менен чакырыңыз. Мен реленин схемасын сиздин көзүңүзчө аларга түшүндүрүп, автобазанын шартында жасаганды далилдеп берем, – дедим кадыресе кызуулукка алдырып.

– Реле-преле менен сиздин ишиңиз болбосун. Болбогон жерден кыйкым таппай, машиналарды кармабай, гараждан чыгарып жүрүңүз. Болду сөз бүттү, – деди начальник менин жинимди ого бетер келтирип.

– Повороту иштебеген бир да машинаны чыгарбайм! – дедим да, тышка жөнөдүм.

Мен кабинеттен чыктым. Эми элеки начальник менен болгон сүйлөшүүнү кайрадан көңүлүмдө салмактап, «Өл-тирил, тонна жана тонно-километрден берилген планды аткар» дегенди даана түшүндүм. Макул план керек. «А бирок мен сунуш кылган повороттун релесине бу начальник эмне үчүн кызыкпайт?» деп мен бир эседен таң калсам, бир эседен начальникке таарынып калдым.

Эмнеси экенин билбейм, начальник менин турмушума, үй–бүлөмдүн бар-жок экение, каерде, эмне болуп жашап жатканыма кызыкпай, карп-курп жолугушуп калганыбызда көрсө да көрмөксөн болуп, айтор кырын салып, өзүн менден оолак тутту. Менин да адепки күүм тарап, анын көзүнө чалдыккандан кача турган болдум.

* * *

Октябрь айы аяктап баратат. Күн кадимкидей суук тартып калды. Түнкүсүн тон кийе баштадык.

Бүгүн да кезектеги күзөттө турам. Машиналардын бардыгы келип бүткөндөй болду. Болжолумда график боюнча Жамбылдан келүүчү эң акыркы гана автобус калды.

Гараждын ичин бир сыйра кыдырып чыгып, дарбаза жакка кайтып келдим. Эмнегедир көңүлсүздүк. Жалгыздык. Мен келип биерге ишке орношкондо күчүктөгөн кандек ит да көрүнбөйт. Асман бүркөк. Жылдыздардан дайын жок. Суук шамал батыш тараптан ыркырайт. Күзөтчү механик отуруучу жыгачтан жасалган күркөгө (алачык) кирип, орундукка көчүк бастым. Кийинки күндөрү ушинтип жалгызсырачы болдум. Анын үстүнө начальнигибиз да кебе козудай кодулап жүдө-түп, биерге иштегим деле келбей калды. Жердин түбүндө жүргөн аялым улам эске түшө берет. Сагынып калсам керек. Ооба, чын эле сагындым. Ал эмес белгисиз бир жигиттерге карата болгон кызганыч бүткөн боюмду өрдөп, мени ого бетер кусалантат.

Аңгыча машинанын дүркүрөгү угулуп, жабык дарбазанын асты жагындагы ачыгынан жарыгы түштү. Мен болжолдогон акыркы автобус экен. Дарбазаны ачып, автобус астына түшүп кароочу аңдын үстүнө келип токтоду.

– Дядь Николай, саламатсызбы? – дедим эски шопур Удаловго жакындап барып.

– Саламат. Саламат, – деди Николай кыргызча таптак сүйлөп.

– Кандай, машинаң оңундабы?

– Оңунда эле. Эртең менен рейске чыгаар алдында дагы бир сыйра өзүм карайм го.

– Андай болсо жол баракчасын апкелиңиз. Белги коюп берейин. Анан кире бериңиз.

Удаловго окшогон көптөн бери иштеп келатышкан эски шопурларга ишенсе болот. Бизге көп ишене беришпей, машиналарына өздөрү такай көз салышат.

Мен жол баракчасын сунуп жатканда Удалов кабинадан башын чыгарып:

– Автобуста бир келин отурат. Четки айылдын бирине бараткан экен. Бу шаарда барар жерим жок дегенинен кошо ала келдим. Билбейм, эмне кыларымды, – деди эмнегедир үнүн ууру чыгарып. «Анан мен эмне кылайын?» дегенсип аны таңдана карадым.

– Ушул жерде калып, эптеп түнөп чыкпайбы? Эртең жарыкта барар жерине жетип алат, – деди Удалов бу саам үнүн бийигирээк чыгарып.

– Өзү эмне дейт? Калат бекен?

Удалов артына бурула берип:

– Кызым, бери келчи, – деп үн салды. Келин анын жанына басып келди. – Чын эле барар жериң болбосо биерде кал. Үстүң жука экен, мен тонумду таштап кетейин. Эптеп түнөп чыгып, эртең менен кетерсиң. Ушундай кылалыбы, кызым?

Келин мени карап, адегенде эмне дээрин билбей, анан мейли деп макулдугун берди. Ачылган эшигинен келин түшүп, автобус гаражга кирип кетти. Мен дарбазаны жаап кулпулагыча автобусун коюп, Удалов да келип калды. Үстүндөгү чолок тонун чечип, жука плащчан келиндин үстүнө жаап, биз менен кош айтышып, Удалов кетип калды. Каерге жайгаштырсам деген ойго жетеленип, туруп калган чарчы бойлуу келиндин жанына жакындап басып бардым.

– Та-ак, эмне кылсак?.. Биерде ак шейшеп салынган өз төшөгүңөр жок, – дедим тамашалай. Келиндин чоочуркаган жүзүнө жылмаю кирип, уялгансып жер карады. Аны күзөтчү механиктин отурчу жерине ээрчитип киргизип:

– Бул жер биз отурчу жай. Силер ушул жерге түнөп чыгасыңар, – дедим орундукту көрсөтө берип.

Келин мени таңыркай тиктеп:

– А өзүңүзчү? – деди үнүн өтө эле аяр чыгарып.

– Мен да бир айласын табармын. Отургула.

Келин колундагы сумкасын үстөл үстүнө коюп, орундукка отурду.

– Силер отуруп тургула. Уйкуңар келсе, башыңарды үстөлгө жөлөп, уктай бергиле. Мен гараждын ичин кыдырып келейин. Жалгыз коркпойсуңарбы?

Келин мени бир карап, күлкү аралашкан уялыңкы жүзүн менден буруп кетти.

Тышка чыгып, жайма-жай басып жөнөдүм. Эмнегедир аялым эске түштү. Аны тиги келинге салыштырып, мага окшогон бир эркектин жанында жалгыз калганын элестетип, жүрөгүм опколжуду. Бүткөн боюмду кызганычтын илеби каптап өттү. Практикасы бүтүп, аялымдын тез эле келишин самадым. Өзүнүн деле келер маалы болуп калды. Акча сал деп кат жазган экен, жакында эле айлыгымды алып, чыпчыргасын коротпой, почта менен салып жибергем. Айлык алып деле жарытпайм. Болгону токсон беш сом. Антип-минтип кармап отуруп, колго сексен беш сомдун тегерегиндеги акча тийет. Аны да аванс, получка деп эки бөлүп алабыз.

Ремонт зонасынан жаңы эле чыга берип, дарбаза жактан машинанын түтүлдөгүн уктум. «Кечиккен, болбосо командировкадан кайткан машиналардын бири болсо керек ко» деген ой менен ошондой бастым. Мен келгенде жабык дарбазанын нары жагында самосвал машинасы туруптур. Шопуру кабинадан түшүп келди. Тааныдым. Алп мүчөлүү, тармал чачтуу жыйырма беш-жыйырма алтылардагы мен курактуу Абыдан деген жигит экен. Өзүнүн ичи чыккан зор мүчөсүнө карабастан, кош колун берип, жалпылдап учураша кетти.

– Мынчалык эмнеге кечигип жүрөсүң? – дедим барбайган кош колун ала берип.

– Ушундай болуп калды. Аялым катуу оорулуу. Ошонун жанынан чыга албай, – деди Абыдан жалпактаганынан жазылбай. – Анан келбей эле койоюн дегем. Сиз турганыңыздан келдим. Отметка кылдырайын деп. Келди деген отметка кылып берсеңиз да, кайра үйгө кетсем. Аялымдын жанында болуп. Кокус шашылыш догдурга жеткизип каламбы? Тез жардам чакырганга телефон жок үйдө. Өзүм шаардын четинде, Октябрдын кырк жылдыгында турам. Эртең менен эрте гаражга жетип келем.

«Аялым катуу оорулуу» дегени мени ойго салып койду. Анан көңүлүмө да мынабу келинди кошо салып жиберсемби деген ой келип, бир саамга ыргылжыңдана түштүм. Келиндин барар жери да Кырк жылдыктан ары, көп болсо беш чакырымчалык бар. Ушул чечимге токтолдум.

– Абыдан, – дедим шопурга кайрылып. – Аялың ооруп жатса, чын эле жанында бол. Бирок өзүң айткандай эртең менен эрте келип кал. Анан мында бир келин отурат. Акыркы автобус менен келген экен. Айлына жете албай калыптыр. Ошону нары Козучакка жеткизип кой. Ушуга макулсуңбу?

– И, макул, макул. Кана, кана, кайда отурат. Кабинага түшсүн.

Келиндин: «Ушул жерге эле түнөп чыгайынчы» деп жакшы эле кыйылганына карабай, аны ээрчитип чыгып, Абыдандын машинасынын кабинасына отургуздум.

* * *

Эртесинде эртең менен күзөтчүлүктү башка механикке өткөзүп, жогору өз айылыма кетип калдым. Үч күндөн кийин кезектеги ишиме келгенде начальник чакыртып жатканын кабарлашты. Зааркана кирдим. Башкы инженер Золин да бар экен.

– Отуруңуз, – деди начальник демейдеги өкүм үнүн чыгарып. Золиндин маңдайына келип отурдум.

– Слушай, вы оказывается, автобазу превратили в дом терпимости, – деди Эсеналиев орусчалап, ар бир сөзгө ныгыра басым жасап.

«Эмне болуп кетти?» деп чоочуп, адегенде бүткөн боюм дүргүп, начальниктин ойдо жок нерсени балп эттире айтканы кадыресе апкаарытып салды. Ал кызуулана орусчалап сөзүн улады.

– Слушай, что это такое? Это просто уму непостижимо. На рабочем месте находиться с любовницей. Как это понять? Насколько я знаю, вы же женатый человек?

– Садык Эсеналиевич...

– Что Садык Эсеналиевич? – начальник албууттана менин сүйлөөгө чамамды келтирбеди. – Что Садык Эсеналиевич? Кто вы такой, чтобы заставить шофера отвезти свою любовницу ночью домой?

Мен кептин төркүнүнө түшүнө баштадым.

– Мынчалык албууттангандай эмне болуп кетти? Сөздүн жайын түшүндүрбөйсүзбү? – дедим мен дагы жакшы эле кызаңдай.

– Мурунку күзөтчүлүктө турганыңызда Кыркбаев Абыдан деген шопурга бир катынды Козучакка жеткиз дегениңиз чын беле?

– Жок. А-а, тиги... Кыркбаев аялым катуу ооруп жатат. Кокус догдурга жеткизип калсам машинам менен жанында болоюн дегенинен уруксат бергеним чын болучу. Үйүнө жете албай, акыркы Удаловдун автобусу менен келген бир бейтааныш келинди кошо салып жибергем.

– Ну и что, суранса. Суранды эле деп бардык машиналарды таратып жибересизби? Между прочим сурантпай эле жанагы катынды жеткизип кел деп сиз Кыркбаевди заставить эткенсиз.

– Садык Эсеналиевич, айттым го. Кыркбаев өзү жалынып-жалбарып суранган. Ишенбесеңиз өзүнөн сурап көрүңүз.

– На, читайте, – Эсеналиев бир барак кагазды мени көз-дөй шилтеп жиберди.

Көз жүгүрттүм. Анда минтип жазылыптыр: “1965-жылдын ..... октябрында, саат түнкү он ченде машинамды коймокко гаражга келдим. Күзөттө турган механик Айтиев жол баракчама келди деп кол коюп, бир келинди Козучакка жеткизгин да, эртең менен эрте эч ким келе электе келип кал деди. Ошол аялды жеткизип баратканымда рейдде жүргөн ГАИнин кызматкерлери кармап алышты да, акт түзүштү. Ушул менин түшүнүгүм. Абыдан Кыркбаев».

Башымды көтөрдүм.

– Что скажете на это?

– Кыркбаевдин суранганы чын болучу.

– Хорошо! – Эсеналиев үстөлдү тарс урду. – Макул, сурансын эле деп коелу. Ошенткен күндө да жиберүүгө кандай акыңыз бар?

– Аялы катуу оорулуу, анан айыл жеринде турат экен. Телефондору жок. Кокус догдурга жеткизем деп калса, жанында болоюн деп суранган.

– Аялым оорулуу деп калп айтсачы?

– Кантип эле? – Мен кадыресе чоочудум.

– Ушинтип эле... Между прочим, биерде Кыркбаевдин суранган-суранбаганынын эч мааниси жок. Жол баракчасына келди деп колду коюп, анан машинаны гаражга кийрибей, койо берип жиберүү деген анык көз бойомоочулук! Туурабы, Николай Андреевич?

Золин ылдый карап отурган калыбында макул болгонсуп, башын билинер–билинбес ийкегендей болду.

Мен азыр актанууга аракет кылган жокмун. Кыркбаевдин суранганынан машинасы менен жибергеним, бейтааныш келинди кошо салып, жетер жерине жеткизип кой дегеним чын беле? Чын болучу. Анан эмне деп актанам?

– Вот что, Николай Андреевич, буйрук даярдаңыз. Жолдош Айтиевге катуу сөгүш жарыялап, машинанын күйгөн майын эсептеп мойнуна салыңыз. Болду. Баргыла, – деди Эсеналиев айткандарын бекемдеп ырастагандай колунун сырткы кыры менен үстөлдү дүк эткизе бир уруп. Золиндин башка иштери барбы, ошол отурган бойдон калды.

Мен тышка чыктым. «Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт» дегендин дал өзү болдум. Боор ооруп, аялы оорулуу экенине ишенип, Кыркбаевди машинасы менен жибере койом деп, моминтип өзүм калдым жалаага. Айла жок, өз күнөөмдү өз мойнум менен тартышым керек. Эсеналиевге ошол гана керек болучу. Ушул окуядан кийин ал экөөбүздүн ортобуздагы жарака ого бетер алжая түштү.

Эсеналиев экөөбүздүн башыбыз бир казанда кайнабасы улам күн өткөн сайын мага айкын боло баштады. Мага бир гана нерсе түшүнүксүз болучу. Эмне үчүн ал мен келген күндөн баштап эле мага кырын салып калды? Эмне үчүн боюна тартпайт? Эмне үчүн менин инженерлик билимимди пайдаланбайт? Окууну жаңы бүтүп келген жаш адистерге карата болгон камкордук деген кана? Эсеналиевге жакпагандыгымдын себеби эмнеде?

«Кыркбаев түшүнүк катында өзүм суранды элем деп эмне үчүн көрсөтпөдү экен?» деген суроо да көңүлүмдүн бир жеринде кыпчылып, анын ошол кылганы жинимди келтирип жүрдү.

– Эй, бери келчи, – дедим бир жолу Кыркбаев кезигип калганда. Этинин оор экенине карабай, күлтүңдөй тез басып келип, эки колун тең берип, жалпылдап учураша кетти.

– Кандай, саламатта жүрөсүзбү? Ден-соолугуңуз жакшыбы? Бала-бакыра, чал-кемпир?..

– Эй, токточу! – дедим кыжырым келип. – Андан көрө сен айтчы. Баягы бир жолу түн ичинде бейтааныш келинди жеткиз деп айттым беле сага? Түшүнүк катыңда ошентип көрсөтүпсүң. Өзүң суранбады белең? Же ошо жалганбы?

– Байкеси, байкеси, кечирип кой. Өз жанымдан коркуп ошентип жазып бергеним чын. Адегенде болгонун болгондой эле көрсөткөм. Өзүм сурангам, анан механик Айтиев бир келинди кошо салып жиберген деп. Анан начальник аны кайра жаздырды. Келинди жеткизгин деп Айтиев айткан. Жеткизип баратып, ГАИге колго түшүп калгам деп жазгын деп начальник өзү мени заставить эткен. Анан жаздым. Начальник есть начальник. Мага да жансактоо керек.

– Сага жансактоо керек болуп, мага керек эмес бекен? –дедим аны жаман көзүм менен жекире карап. Кыркбаев жалтанып, көзүн ала качты.

– Эми кечирип кой, байкеси.

– Эй, мен билдим. Сенин аялың оорубай эле, ошентип суран деп сага ким үйрөттү эле? Сени эч кандай ГАИ кармаган эмес. Бул начальник экөөңөрдүн акылдашып, мени жаманатты кылганыңар, – деп божомолдоп туруп согуп калдым.

Кыркбаевдин тултук бети ыржайып бир кызык абалга келип:

– Өзүңүз деле билип туруп, анан мага асылганыңыз кандай? Андай кыйын экенсиз, айтпайсызбы, начальниктин өзүнө, – деди.

Ооба, мага түшүнүктүү болду. Начальниктин мага карата кылган атайын жасаган жамандыгы экен. Кыркбаевдин былжырын угуунун кажаты жок экенин билип, анын мылжыңдаган жүзүн кароодон жийиркенип, ичимден таластыктарча келтире сөгүп, жанынан оолактадым. Жазаңарды Жараткан өзү берсин деп ичимден тим болдум.

Ушул окуядан кийин Кыркбаев мени көргөн жерде, бөтөнчө гаражга кирип-чыкканда жөндөн-жөн эле көшөкөр-лөнүп, ого бетер кыжырымды келтирет. Анын оюнда мен ага өчүгүшүп калган болуум керек. Жаратылышымдан ичиме кек сактабаган жанмын. Кудай ошондой сапаттан айтпаптыр. Көңүлүмө жакпаган иш болсо ичиме жашырбай бетке айтып, ошол эле жерден бугумду чыгарып алам. Өз күнөөмдү сезсем, уялгандан бетим чымырап, жер карайм. Бирок менде өз билгенимди бербеген көктүк бар. Мунумду кай бирөөлөр чыргоолук менен чаар баштыкка ыйгарышат. Ошол көктүгүм менен чындыкты бетке айтмалыгымдан өмүрдө далай залалдарды башымдан кечирдим го!

Жол-жободо кандай жазылса ишимди дал ошондой аткарып жүрө бердим. Машиналардын кичине эле бирдемеси бузук болсо гараждан чыгарбайм. Шопурлардын өздөрү да ушуга көнө башташты. Гараждан чыгарда машиналарын өздөрү да тыкан текшеришчү болду. Машинасынын бузугу барлар чениме жолошпойт.

* * *

Кыркбаев менен болгон окуя көңүлүмдөн өчө баштады. Бирок мага катуу сөгүш жарыяланган начальниктин буйругу дарбаза алдындагы атайын илинген тактада жабышкан бойдон турду.

Октябрь майрамы жакындап келатат. Жакында эле келинчегимден майрам алдында барып калам деген кат алгам. Анын келери мага дем берип, Эсеналиевден негизи жок жеген кагуу менен катуу сөгүштүн ызасын менден такыр эле жууп таштагансыды.

Бүгүн да күзөттөмүн. Айлана түн жамынган. Акыркы автобус келди. Эски шопур Харовдун буурул баскан тармал чачтуу чоң башы ачык айнектен көрүндү.

– Дяд Степан, машинаң жайындабы?

– Жайында эле. Кечээ күнү түштөн кийин алды-артын карап, тартчу жерлерин тартып, майлачу жерлеринин баары майланган.

– Кире бериңиз.

Харов үйүнө кетип, мен дарбазаны биротоло бекиттим. Кыдырып чыкмакка гараждын ичин көздөй жөнөдүм. Төбөдө сан жылдыздар жымыңдашат. Өгүнкү суук кайтып, кийинки күндөрү күн кадыресе жылуу тартып кетти. Түнкүсүн суук болгону менен күндүзү күрмөчөн жүрүп калдык.

Гаражды кыдырып чыгып, кайра дарбазаны көздөй бастым. Улам ой арасынан эртең Фрунзеден келчү аялым эсиме келе калып, жүрөгүм кубанычтан кадыресе опколжуй түшөт. Сагынуу деген да адам турмушундагы бир кызыктуу да, жагымдуу да нерсе көрүнөт. Сагынуу, алдыда боло турган жакшы нерсени күтүп, үмүт менен жашоо деген демиңе дем, күчүңө күч кошуп, кубат берет көрүнөт.

Күзөтчү механиктин күркө тамында жалгыз отурам. Көркөм китеп окучу элем, азыр ага да көңүлүм чаппайт. Оюмда эртеңки болор турмушум. Жыл аягында аялым окуусун бүтүп келет. Анын адистиги сүт жана сүт тамакаштары боюнча инженер-технолог. Каерге орношот, али белгисиз. Ал келгенче убактылуу жашай турганга тоок кепеге окшогон бирдеме таап койсом болот эле. Жолдомо кагазын берип жатып, министрликтин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Самсаков: «Жаш адистерге там-таш жагынан жардам берүү чарбанын милдети» деген. Кайдагы там–таш. Күзөтчү механиктин ордун бергендерине кудайга шүгүр. Керек болсо атайын уюуштуруп шылтоо издеп, начальник ушу жарыбаган кызматтан да кууган жүрөт.

Чекемди эки колума коюп, отурган бойдон уктап калыптырмын. Канча уктаганымды билбейм, бир маалда ойгондум. Чыйрыгып калыптырмын. Тышка чыгып керилип-чоюлдум. Гаражды бир сыйра кыдырып келдим. Отурган жериме кайра киргим келген жок. Басып жүрүп таң атырайын дедим. Жакында таң атат. Бензовоз айдоочу шопурлар таң заардан келишип, машиналарын айдап, Казахстандын Жамбыл шаарына жөнөшөт. Дарбаза менен машиналар турган ээндикте аркы-терки баса баштадым. Машиналарды, алардын агрегаттарын, механизмдерин, тетиктерин ремонттоочу цехтер жайгашкан имаратка чейин жетип, кайра тартканымда дарбаза кагылды. Бензовоздун шопурларынан го деп кадамымды тездеттим. Жок. Дарбазанын нары жагынан автобазанын башкы инженери Золин менен коопсуз жүрүүнүн инженери Ефимовду көрүп, таң атпай булар эмне жүрүшөт деп кадыресе чоочудум. Алар ооз учтарынан салам берген болушуп, мындайыраак барып туруп калышты.

– Машиналар чыга элекпи? – деди башкы инженер.

– Жок, – дедим кыска гана. – Николай Андреевич, мынча эмне эртелеп? Бензовоз менен Жамбыл жакка барасыздарбы?

– Жок. Сени текшергени келдик.

– Кандайча текшергени? – дедим чындап эле түшүнө бербей.

– Сен бизди карап турасың. Чыгып жаткан машиналардын техникалык абалын биз текшеребиз. Кечээ кирген машиналарды текшергениңдин сапатын билебиз.

Мен көңүлүмө эчтеме албай, башкы инженердин айтканына баш ийип, четте карап турдум.

Ефимов аңга түшүп, Золин машиналардын алды-артын карап жатты. Анда-санда гана өздөрүнчө кобурап коюшкандары болбосо, унчугушпай, ар бир машинаны укулап-чукулап, ашкере кылдат текшеришти. Бүгүнкү график боюнча эртелеп коюлган Харовдун автобусу да аң үстүнө келди. Рулунда Харовдун өзү эмес, жардамчы шопуру отурат.

– А ну-ка, рулду ары-бери бура! – деди Ефимов төмөнтөн. Машинанын астын карап болуп, Ефимов башкы инженерди өзүнө чакырды. Золин аң ичине түшүп барды. Рулду дагы ары-бери буратышты. Анан башкы инженер чыгып келип, рулдун оң жаккы тягасы бошоп кеткенин айтып, шопурду автобусу менен артка кайрыды. Андан кийин да төрт-беш машинаны текшеришти.

Аңгыча баягы Кыркбаев Абыдан гараждын ичи жактан лөкүлдөп жетип келип, түндө машинасынын аны-муну майда— чуйда тетиктерин бирөө чыгарып кеткенин бирден санап айтып, даттана кетти. Золин адатынча башын салып угуп турду да:

– Женя, бери чыкчы, – деп аң ичинде машинанын астында жүргөн Ефимовго кайрылды. Тиги чыгып келди. Өзүң карай бер дешип, үчөө ээрчишип гараждын ичин көздөй басып кетишти. Ошо бойдон алар кайрылган жок.

Ушул эле күнү эртең мененки саат тогуз ченде мени алмаштырган механикке ишимди өткөрүп берип, кетейин деп камынып жатсам Золин келип, күтө тургун деди. Ишимди өткөзүп берип жаткан механик Салымбековго ушинтип келишип текшергенин айтсам, ал мени таңыркай карап, үч жыл иштеп жатканын, аны ошол убак ичинде бир да жолу, эки жыл иштеп жаткан үчүнчү механикти да минтип текшершпегенин айтып өттү. Мен Салымбековду таң кала карап тим болдум.

Саат он ченде начальниктин кабинетине чогулдук. Золин, Ефимов, Обөедко баш болгон дагы бир топ кызматкерлер отурушту. Дубал бойлото катар коюлган отургучтардын эң четкисинен барып орун алдым. Кабинетте тынчтык өкүм сүрө түштү. Эсеналиев башын жүткүнтө, көз үстүнөн отургандарды бир сыйра карап өттү да:

– Бардыгыңар келип бүттүңөр көрүнөт. Анда эмесе баштай берели. Техникалык кеңештин бүгүнкү кеңешмесинде карала турган бир гана маселе бар. Ал күзөтчү механик жолдош Айтиевдин өзүнүн кызмат милдетине шалакы мамилеси жөнүндө. Бул маселе боюнча сөз башкы инженер жолдош Золинге берилет. Баштай бериңиз, Николай Андреевич.

Эсеналиевге жакын отурган Золин ордунан көтөрүлүп, таралбаган суйдаң жээрде чачын оң колу менен жанып-жанып алды да, сол колуна кармаган бир барак кагазга көз жүгүрттү.

– Биз Ефимов экөөбүз болуп, бүгүн эртең менен чыгып жаткан машиналардын бир канчасын текшердик, – деп ал сөзүн баштады. Андан ары табышкан кемчиликтерин санап өттү. Харовдун автобусунун рулундагы тягасынын бошоп кеткенин баса белгиледи. Кыркбаевдин машинасынын аны-мунулары уурдалганын да кошуп айтып токтоду.

– Николай Андреевич, сиз бүттүңүзбү?

– Ооба.

– Анда отуруңуз. Дагы ким сүйлөйт?

Кабинетте жымжырттык. Сүйлөсө Ефимов сүйлөйт ко деп ага көз кыйыгымды жибердим. Анын күнгө күйгөн таштай каткан жүзүндө эчтеме билинбей, көк көздөрү ирмелбей, каршысындагы дубалды тиктейт.

– Эмне, башка сүйлөөчүлөр жокпу? Андай болсо жолдош Айтиевдин өзүн угалы. Кана, буга сиз эмне дейсиз? – деди начальник мени тик караган болуп, бирок көзүн алакачып.

Мен ордумдан турдум. Бирок эмнеден баштаарымды билбей мукактандым.

– Жолдош Айтиев, өз кызматыңызга жоопкерсиздик менен мамиле кылганыңызды эмне менен түшүндүрөсүз? – деди Эсеналиев адатынча ныгыра сүйлөп.

Менин бүткөн боюм ымыр-чымырланып, эки бетим дулдуюп чыкты.

– Жүк тарткан машина болсо да бир жөн. Ал эми катуу кетип баратып, автобустун бошогон тягасы үзүлүп кетип, автобус ала салып кетсе, ичиндеги жүргүнчүлөрдүн эмне болорун билесизби? – деди начальник менин ойлонууга чамамды келтирбей. – Кечээ кечинде ошол автобустун астына түшүп текшердиңиз беле?

– Жок, – дедим калп айта албаган жаным.

– А эмнеге?

– Харовго ишенип.

– Күзөтчү механик Харовпу же сизби?

– Мен,– дедим үнүмдү бошоң чыгарып.

– Анан эмне деп отурасыз?

Мен чындыктан кача албай, тайсалдап туруп калдым.

– Ну что ж. Түшүнүктүү, – деди Эсеналиев үстөлдүн үстүн тырс уруп. Анан отургандарга көз чаптыра берип суроо салды. – Кана, кимиңердин эмне сунушуңар бар? – Эч ким үндөгөн жок. Бардыгынын баштары жерге салыңкы. Ефимов гана те алда кайда карап мисирейет.

– Баарыңар билесиңер, Айтиевдин өгүнкү кылган ишин. Эскертүүсү менен катуу сөгүш алган. Эми болсо кылган иши бул. Мындан ары жолдош Айтиев менен иштеше алабызбы-жокпу? Кеп мына ушунда турат, – деди Эсеналиев ар бир сүйлөмүнө басым жасап. – Эгерде менин оюма койсоңор аны менен мен иштеше албайм. Качанга чейин анын азабын тартып жүрөбүз?

Сөз төркүнү эми гана аң-сезимиме жетип, бүткөн боюмду ымыр-чымыр басканы күчөп, жүрөгүмдүн согушу катуулады. Эсеналиев күтүлбөгөн жерден мындай сунуш киргизди:

– Биз жолдош Айтиевдин маселесин азырынча ачык калтыра туралы. Биерде иштей алабы-жокпу өзү ойлонуп көрсүн. Кана, буга эмне дейсиздер?

Үндөгөн эч ким болгон жок.

– Эмесе ошондой. Жолдош Айтиев, ойлонуп келиңиз. Биздин кылган жакшылыгыбыз ошол булсун. Эмгек китепче-ңизди булгабай койо туралы. Болду. Ушу менен сөз бүттү. Бара бериңиздер.

Мен тышка чыктым. Башым оогон жакты көздөй делдирей бастым. Техникалык кеңешмедеги болгон мен жөнүндөгү эми элеки сөздүн салмагы улам оордоп, анын мен үчүн олуттуулугун кайрадан дааналап сезе баштадым. Ошенткен сайын белгисиз бирөөгө болгон таарынычтынбы же ызанынбы, айтор, бирдеменин деми колкомдон алып муундурду. Эсеналиевдин: «Арызыңды жазгын да, өз ыктыярың менен кеткин» дегенин ачык түшүндүм.

Талас шаарынын ар кыл типте салынган жалгыз кабат тамдуу, тротуар салынбаган көчөлөрүнүн бири менен баратам. Зыңкыя обого көкөлөгөн мырза теректердин тамырына ным жиберип, мени менен иши жок, жол четиндеги арыкта суу беймарал шылдырайт. Коңур күздүн акырын жүргөн мээлүүн желине жооп кошконсуп, теректердин али көк-жашыл түсүнөн ажырай элек жалбырактары эрине дилдирешкен болот. Бак-дарактын кылда учунан ары миң сырды ичине катып, Кыргыз кырка тоолору батыш-чыгышты көздөй созулуп жатат. Тоо үстүндө көмкөрүлгөн тунук асмандан күнгө чагылышып, күмүштөй жаркыраган самолет көзүмө чалдыгып, аялым ушул самолет менен учуп келатпасын деген ой капилеттен жүрө-гүмдү козгоп жиберди. Жаш балача кызыгып, самолңттон көзүмдү албай тиктейм. Бирок ал ылдыйлабай, те бийик асманда түз бараткан сапарынан жазылбай, түштүк тарапка улам алыстагандан алыстап отуруп, бир маалда көз кароолуна илинбей, асман мейкиндигине сиңип кетти. Аялым самолет эмес, автобус менен бүгүн келери эми гана эсиме түшүп, көз ирмемге келе калган кусалык кайра таркап, жүрөгүмдү жылуулуктун илеби аралады.

* * *

Ушул эле күнү кечке маал саат төрт ченде Фрунзеден келчү автобусту күтүп, Таластын автобекетинде аркы-терки басып турдум. «Шашканга убакыт түтпөйт, күткөнгө убакыт өтпөйт» болуп, саатымдын жебеси бир орундан жылбагансыйт.

Акыры мен күткөн автобус келип токтоду. Эл бирден чубап, тепкич менен түшө баштады. Колуна чоңураак сумка кармап, бир жак каруусуна плащын илген аялым көрүндү. Бир тепкич өйдө көтөрүлө калып, бир жак колума сумкасын, бир колум менен колдон алып жерге түшүүнө көмөктөштүм. Калың элден четке чыга берип, сумкасын жерге коюп, аялым экөөбүз бет маңдайлаша туруп, бири-бирибизди жылмая карадык. Ичим ысып, анын бөрсөйгөн эрининен өөп койдум.

– Эмнегедир кечиктиңер го? Келер маалынан бир саатка жакын кечигип келдиңер.

– Убагында эле келмекпиз. Ар кайсы жерге токтоп, эл салып эле...

– Сен таптакыр өзгөрүпсүң го, – дедим аялыма суктана карап.

– Кандайча өзгөрүп?

– Фрунзеден кеткениңде чийдей арык элең. Азыр болсо толо түшүпсүң.

– Толсом толом да. Сенин түйшүгүңдөн арылып, – деди аялым сулуу көздөрүн бадырайтып. – Өзүң кандайсың? Өңүң азгын го? Аш казаның кыйнап жүрөбү?

– Ооба, ооруйт. Кыйналып жүрөм.

– Догдурга көрүнүп жүрөсүңбү?

– Көрүнгөндө-көрүнбөгөндө эмне? Аш казандын жаратына операция жасайбыз дейт да.

– Ишиң кандай? Жаныңа тынчпы?

– Катка да жазды элем го. Күзөтчү механикмин. Бир сутка туруп, үч сутка бошмун. Күзөттө турганда тамакты маалы менен ичпейм. Ичкен күндө да оозума эмне тийсе ошону ичем.

Аялым сабырсыздана жүзүн мага тигип:

– Кер-сары тартып, чын эле өңүң азгын экен.

– Көнүмүш оору да. Андан көрө дипломдук иштериң кандай жүрүп жатат?

– Эл катары.

Көпкө көрүшпөй, сагынышып калган жаш жубайлардын ортосунда ар кандай сөздөр болорун баамдуу окурман сезип тургандыр. Автобуска түшүп, айылга жеткенче сүйлөшүп бардык. Ишимдеги ыйкы-тыйкылыкты айтып өткөндө аялым:

– Анан эмне кылайын дейсиң?– деп сурады.

– Билбейм.

– Ден соолугуң бу болсо. Фрунзеге эле кайра барсаңчы. Эптеп бир иш табылар да.

Аялымдын бул сунушун бир кыйла талкууладык. Жетимиш бештерге келип калган оорукчал атамды, атамдан отуз жаш кичүү өгөй энемден төрөлүшкөн мектепте окуп жатышкан он бир, он үч, он алты жаштагы карындаштарымды ойлоп, иштей берейин деген ойду айтсам, аялым бир саамга ойлоно түшүп:

– Ал жагы да бар дечи. Бирок айтканыңа караганда сени биерге иштете турган түрлөрү жок ко. Же Таластан башка иш издейсиңби?

Мен бул суроого дароо жооп бере албадым.

– Кадыр, анан баса десең. Абам да ооруп жүрүптүр. (Көлдүктөрдүн атасын аба дешкендери да бар). Карындаштарым жаш дейсиң. Кудуш менен Такенчи? (Мектепте окуп жатышкан инилерин айтып жатыр). Алар да жаш. Экөөбүздүн тең төркүн-төш, урук-туугандарыбыздын жакшылык-жамандыктар дегени болот, болбой койбойт. Фрунзеден Жети-Өгүзгө чейин да, Таласка чейин да төрт жүз чакырымдай бар. Ортодо турганыбыз эле оң го.

Аялымдын бул айтканынын жөндүү экенин дароо баамдай койгон жокмун. Баягы Кадыр ата-энесин таштап, катынынын артынан кетип калыптыр деген гана негизи бошоң кур намыс болучу. Терең маани бергенде аялымдын акылынын жөндүүлүгүндө эч калет жок. Меники эле ата-эне болуп, аныкы ким экен? Иш чечилди – мен Фрунзеге кетмек болдум.

Жарым жылча көрбөй сагынып, жыйырма үчкө жаңы эле караган жаш келинчегим менен болгон кумардуу эки-үч күн көз ачып жумгуча өттү да кетти. Анан аны Фрунзеге узатып коюп, автобазага бардым да, өз ыктыярым менен иштен бошотуңуз деген арыз менен начальникке кирдим.

– И-и, кетейин дейсизби? – деди ал адатынча ныгыра сүйлөп.

– Кет деп жатсаңыз кетем да, – дедим бу саам начальниктен ийменбей.

Эсеналиев үлүрөйө мени сынай карады. Анын бул карашында мына бу неме эмне деп жатат деген саал-паал жүрөк-сүздөнгөндүк бар болучу.

– Кетип кайда барасыз?

– Өзүм билем.

Эсеналиев мени дагы сырдуу тиктеди.

– Слушай, сиз эмнеге эле кераяктанып калгансыз? – деди ал мурутунан күлгөн болуп.

– Менин кайда кетип, кайда койорум менен эмне ишиңиз бар? Кет дегениңиз чын беле?

– Антип айткан эмесмин. Ойлонуп келиңиз дегем.

– Эмнени ойлонуп?

– Иштей аламбы же жокпу деп.

– Андай болсо иштей албайт экем.

– Анан арызыңызга ошентип жазбайсызбы. “Тапшырылган иштин көзүн табалбаган себептен күзөтчүлүк механиктик кызматтан бошотуңуз” деп.

«Эсеналиевдин мунусу тамашабы же чынбы?» деп бушаймандана түштүм. Ал ошентип жаз дегенсип, арызымды кайра менин алдыма таштап койду. Менин айлам кетип калды. Ишти билбеген себептен кызматтан бошотуңуз деп кантип жазам.

– Садык Эсеналиевич, бу өзү кандай? – дедим ачуум кел-генден сөз таппай мукактанып. Бирок өзүмдү кармандым. – Ишти билбейт дегениңиз кандай? Кагаздарга кол коюу менен көзүн үлүрөйтө ызырынып тургандан башканы билбеген Эсеналиев Садык деген неме деле бир автобазаны башкарган болуп жүрбөйбү?

Эсеналиев экөөбүз тиктешип калдык. Менин суук карашымдан жалтанып, ал көзүн тартып кетти.

– Андай болсо өзүңүздөн калсын. Катуу сөгүшүңүз туру. Ага техникалык кеңештин чечимин кошобуз да, кызматтагы милдетин аткара албайт жана ишке салкын мамиле кылат деп иштен бошотобуз, – деди Эсеналиев бу саам мени таң калтырган токтоолук менен.

– Эмне кылсаңар ошо кылгыла, эмнени жазсаңар ошону жазгыла. Соттошсом болот эле, бирок ага убакыт короткум келбейт. Бүгүн эмгек китепчем колго тийсин, – дедим ордуман тура, кетмекке кам уруп.

– Эй, эй, токтоңуз, – деди Эсеналиев шашып. – Сиз жигит, мени угуңуз. Мен айткандай жазбайт экенсиз, андай болсо башка бир жүйөлүү себепти көрсөтүп, арызыңызды кайра жазыңыз. Маселен, аялым Фрунзеде окууда дегенге окшогон себепти көрсөтсөңүз болот.

Ушул себепти көрсөткөн арызыма Эсеналиев өз арызы менен бошотулсун деп илиндирбей колун коюп салды.

Менин чын дилим менен берилген иш-аракетиме оң баасын бербей, жогорку билимдүү инженерлик билимимди пайдаланбай, кайра мени иш билбеген деп кемсинтип кордогону жаныма батып, Эсеналиевди жазаласа өзү жазаласын деп Жараткандын өзүнө тапшырып, алдымда эмне деген гана тагдырлар күтүп турганы менен ишим жок, кайдасың Фрунзе деп, жалгыз чабаданымды колума алып жолго чыктым.

* * *

Менин бараткан жолума бирөө бөгөт болсо, мага назарын салып, көз кырынан кетирбеген белгисиз бир күчтүн жардамы менен тагдырдын башка бир мени жеңиштерге алып бара турган даңгыраган кенен жолу ачылып турат.

 

«Эки тоо көрүшпөйт, эки эл көрүшөт» деген сыңары кийин Эсеналиев менен кайрадан жолугушууга туура келди. Жолукмак түгүл бир имаратка кирип-чыгып жүрдүк. Таластан мен кеткенден туптуура төрт жылдан кийин аны Чүйдөгү жүктөрдү ташуучу өндүрүштүк автотрестин башкаруучусунун орун басары кылып апкелишти. Анда мен министрликтин жүк тартуучу автомашиналарды эксплуатациялоо бөлүмүнүн баш-чысы болуп иштеп жатканыма эки жылдай болуп калган. Автотресттин аппараты жаңы салынган алты кабат имараттын биринчи кабатында жайгашса, министрликтики – үчүнчү жана төртүнчү кабаттарында.

Эсеналиев экөөбүздүн ишибиз байланыштуу. Ал автотрестке баш ийген авточарбалардын жүк тартуудагы иштеринин уюштурулушуна жооп берсе, мен башкарган бөлүм ошол эле иш боюнча бүт министрликтин ишине жооп берет. Тийешелүү көрсөтмөлөрдү, буйруктарды даярдайбыз. Алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөбүз. Башкача айтканда, бир кезде Талас автобазасында иштеп жүргөндө иш боюнча мен Эсеналиевге тикеден-тике баш ийсем, азыр кыйыр болсо да ал мага баш ийет. Ага болгон бир кездеги ич күптүүлүгүм эбак эле унутулуп калган. Бирок мен аны көргөн сайын ошол кылганы менин эсиме тык урунат да: «Эмне үчүн ошондо Эсеналиев мени өгөйлөп жерип, акыры кетирип тынды?» деген суроо аргасыз оюма келе калат.

Биерге келгенден кийин Эсеналиев экөөбүздүн алгачкы жолугушубуз мындайча болду. Бир жолу, анын иштеп жатканына эки-үч айдай болуп калган, бир иш чыгып, кирип кетиңизчи деп телефон чалдым. Келди. Кол беришип учураштык. Отуруусун өтүндүм. Капталын келтирип отурду. Эмне дейсиң дегенчелик мени бир карап, анан алды жагына башын буруп, менин сөзүмдү күттү.

– Сизди атайын чакырган себебим, азыр сиздин чоңуңуз Абды Борукеевич отпускада. Министрлер Советинен буйрук келди. Нарын облусунун айрым чарбаларына Миң-Куштан көмүр тартылсын деген. Министрликтин да буйругу чыгат. Бирок антип-минтип ал кагазды даярдаганча эң болбоду дегенде бир күн өтөт. Ошол себептүү каерге канча тонна көмүр ташылат, ошону жазып алыңыз. Ошого карата кайсы автобазадан канча машина жиберериңерди бүгүн эле аныктап, эртеңден баштап жөнөтө бериңиздер. Министрлер Советинин транспорт бөлүмүнөн телефон чалышты. Нарын облусунунун айрым чарбалары такыр көмүрсүз калышыптыр. Вагон жетишпей, башка республикалардан келүүчү көмүр кечигип жатыптыр. Анан эртеңден баштап биздин бөлүмгө маалымат берип тургула. Андай маалыматты бизден Министрлер Совети да сурайт. Өзүңүз болсо эртең эмес, бүрсүгүнү эртең менен саат ондо мага беш мүнөткө кирип, иштин ал-жайын кабарлап коюңуз. Болобосо телефон чалып да койсоңуз болот.

Эсеналиев керектүү сандарды жазып кетти. Мен болсо иш дептеримдин бүрсүгүнкү дата көрсөтүлгөн барагына: «Эсеналиев, саат 10» деп жазып койдум.

Белгиленген күнү Эсеналиев мага келген да, телефон да чалган жок. Жаңы эле иштеп жаткан неме эсинен чыгарып койсо керек деп, өзүм телефон чалдым.

– Садык Эсеналиевич, саламатсызбы? Мен эле, Айтиев. Алиги Миң-Куштун көмүрү туурасында билейин дедим эле.

Телефондун тигил учунан:

– Көмүр дейсизби? Ал боюнча автобазаларга тапшырма берилген, – деген Эсеналиевдин ишенимдүү үнү угулду.

– Машиналар жөнөтүлдүбү?

– Жөнөдү… Жөнөдү го. Кадыр Айтиевич, ушуну тактап туруп, кайра сизге телефон чалайынчы.

– Качан чаласыз?

– Бир саат, жарым сааттан кийин.

Ал убадасында туруп, бир сааттан кийин телефон чалып, бардык машиналар жөнөп кеткенин кабарлады. Бөлүмдүн башкы инженери Түлөкул Сулаймановду автотрестке жиберип, кайсы автобазадан канча машина кеткени көрсөтүлүп, Эсеналиев кол койгон кагазды алдырдым да, ар бир автобазага телефон чалдыртып, көмүргө кетти деген машиналардын мамлекеттик номурлары менен шопурлардын аты-жөнүнө чейин көрсөтүп тактап чыктык. Машиналардын бардыгы кет-пептир.

Эсеналиевге кайрадан телефон чалдым.

– Садык Эсеналиевич, бул өзү кандай? Сиз көрсөткөн машиналардын жарым-жартылайы эле кетиптир.

– Как это так? – деди Эсеналиев чоочуп. – Бардыгы жөнөтүлдү дешип телефон чалышпадыбы.

– Эмесе ошо. Жөнөтүлбөптүр. Өкмөттүн чечими менен ойноого болбойт, жолдош Эсеналиев, – дедим да трубканы ордуна койдум.

Бул туурасында кыскача рапорт жазып, министрдин биринчи орун басарына кирдим. Владимир Петрович кагазга көз жүгүртө берип, секретарь кызына Эсеналиевди чакыруусун өтүндү. Беш мүнөт өтпөй, Эсеналиев келип, менин каршыма олтурду. Владимир Петрович окугун деп рапортту ага сунду. Эсеналиев окуп болуп, адегенде мени, анан орун басарды карады.

– Буга эмне дейсиз?

– Жөнөтүлгөн дешти эле, – деди Эсеналиев ыңгайсыздана жер карап.

– Бизде ар бир кадам сайын алдамчылык. Автобазалар силерди алдашат, силер бизди алдайсыңар. Ал эми биз, жолдош Эсеналиев, Министрлер Советин алдай албайбыз. Жолдош Эсеналиев, мен сизге эскертип коюшум керек. Сиздин мындай жоругуңуз биринчи эле болуп жаткан жок. Сиздин кесепетиңизден мурда да уят болгонбуз. Минте бере турган болсоңуз биз сиз менен иштеше албайбыз. Жоопкерчиликти сезишиңиз керек,–деди да Владимир Петрович рапорттун чекесиндеги бош жерге арбаңдатып-тарбаңдатып: «Жол. Эсеналиев, эртеңки күндөн калтырбай, керектүү сандагы машиналарды жөнөтүүнү камсыз кылыңыз. Аткарылышын өзүңүз келип мага билдириңиз» деп жазып, Эсеналиевдин колуна карматты. – Барыңыздар.

Эсеналиев авточарбалардын жетекчилери менен эмне иш чараларын көргөнүн билбейм, ошонун эртесинде бир барак кагазын көтөрүнүп, менин кабинетиме кирди. Алды жагыма келип отуруп, унчукпай кагазды мага сунду. Көмүргө жөнө-түлгөн машиналардын мамлекеттик номурларына чейин көр-сөтүлүп, өзү кол койгон кагаз экен. Жогору жагында: «Жол. Айтиев, көзөмөлгө алыңыз» деп жазылып, Владимир Петровичтин колу коюлуптур.

– Мына, мунуңуз мага жагат, – деп мурутумдан жылмайдым.

Эсеналиевдин өңүндө өзгөрүү билинбей, мени бир сырдуу карап турду да:

– Эми мен кете берсем болобу?– деди.

– Ооба. Бирок машиналарды жөнөтүп коюп эле тим бол-бой, көрсөтүлгөн мөөнөттө болгон көмүрдү ташып жеткирүү керек. Кеп мына ошондо. Өкмөткө канча машина жө—  нөткөнүбүз эсеп эмес, көмүр эсеп. Өзүңүз жеке көзөмөлгө алыңыз. Жетекчилердин көңүлүнө карабаңыз. Катуу болуңуз, – дедим да, бир барак кагазды кызыл папкеме салдым.

Эсеналиев кабинеттен чыгып кетти.

* * *

Аралашып жүргөн кишиңдин ким экени, ишке болгон жөндөмү, акыл-сезим даремети, элге кылган мамилеси улам күн өткөн сайын айкын боло берет. Эсеналиев кызуулана сүйлөгөн, сыртынан бир караган кишиге ишкер көрүнгөн, иштин маңызын ары-бери териштирип акылына сиңирбеген, билбесе да билем деген чалакайымдыгы бар, урдум-соктум адам экени мага даана билине баштады. Ал эми мен адатымча кезигишип сүйлөшүп калганда болсун, жыйын-жуюндарда болсун же коллегиянын кеңешмелеринде болсун кемчилигин бетине айтып жүрдүм. Болжошумча Эсеналиев мунумду баягы өткөн иштин кегин алып жүрөт деген түшүнүктө болду. Ошо туурасында бирөөлөргө сөз чыгарган көрүнөт, акырындап отуруп ал шыбыш мага да жетти. Бирок мен аны элес алган жокмун. Биринчиден, ушак-айыңга кулак төшөбөйм, экинчиден, Эсеналиевден өч алуу деген үч уктаса түшүмө кирген эмес. Эсеналиевди кой, өз оюмду, өз көз карашымды министрибиз Үсөн Калыбаевичтин өзүнө тике айтам деп эки-үч жолу кагуу жеп калгам.

Бир жолу Владимир Петрович мени кабинетине чакырып алып, автотресттин техникалык кеңешмеси болорун, ошого барып катышып келеримди айтты. Бардым. Кеңешмеге автотрестке баш ийген авточарбалардын жетекчилери менен автотранспортту эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчылары чакырылыптыр.

Кеңешме трестти башкаруучу Абды Борукеевдин кенен кабинетинде өттү. Чогулушту Борукеевдин өзү алып барды. «Жүк тартуучу автотранспортту иштетүүдөгү кемчиликтер жана аларды жоюудагы милдеттер» деген күн тартибине коюлган маселе боюнча докладды Борукеев жасады. Анын артынан авточарбалардын жетекчилери чыгып сүйлөштү. Алардын айткандарынын баары окшош болучу: Абды Борукеевич туура белгилегендей, кемчиликтер көп экенин, аларды жоюш үчүн иш чараларын иштеп чыгышаарына убада беришип, сөздөрүнүн аягына чыгып жатышты. Автотресттин атынан биринчи болуп жарыш сөзгө Эсеналиев чыкты. Ал башын жүткүнтө, бир барак кагазын сол колуна кармап, ордунан көтөрүлдү. Көздөрүн сүзө кабинет ичине көз жүгүртө, чекесине түшкөн чачын оң жагына сылады. Бирок кайраттуу чачы кайра эле чекесине куюлуп түштү. Эми ага карабай Эсеналиев сөзүн баштады. Борукеевдин доклады менен сүйлөгөндөрдүн сөздөрүнө ыраазы болбой отурган мен ынтаа коюп, Эсеналиевдин сөзүнө кулак түрдүм. Каралып жаткан маселени тикеден-тике ага тийешеси бар болгондуктан ал данектүү сүйлөйт ко дедим.

– Товарищи! – деп эң аяккы «и» тамгасына басым жасап, ал сөзүн баштады. Он чакты мүнөттөй сүйлөдү. Бирок далилдүү бир да мисал келтирбей, олтургандардын биринин да атын атап, сын айткан жок. Негизинен партия менен өкмөттүн токтомундагы көрсөтүлгөн маселелерди улам бирден кайталап, бармактарынын учун куш тумшук кылып, бүгүлгөн колун абада сайгылап, өтө бир жигерденүү менен сүйлөп жатты. Сөзүн минтип бүтүрдү:

– Товарищи! Я надеюсь, что сегодняшнее заседание техсовета будет мощным стимулом для претворения в жизнь директивного постановления партии и правительства. У нас, на техсовете как и вы сами видите, участвует начальник отдела эксплуатации, член коллегии министерства Кадыр Айтиевич. Это лишний раз подтверждает важность, я бы сказал исключительную важность вышеназванного постановления ЦК КПСС и Совета Министров СССР.

Андан кийин тресттин бөлүм башчыларынан да чыгып сүйлөгөндөр болду. Эң акырында мен сөз алдым. Борукеевдин оюна койсо мага сөз бере турган түрү жок. Анысы мени теңсинбегени. Таластыкпыз деген жакындыгыбыз жок. Министрликтин бөлүм башчысы эмес, министрдин орун басарларын тоото бербейт. Аны мен нечен жолу байкап калгам. Борукеевди министрибиз Үсөн Калыбаевичтин жакын көргөн кишилеринин эң биринчи номурдагы адамы деп жүрүшкөн. Ал эмес, менин мурдагы начальнигим Канатбек Абдыкадыровдун аялы Куляштын айтканына ишенсек бу Абды Борукеев менен Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Усубакун Турдалиевдин үй-бүлөлүк катыштары бар экен.

(Абды Борукеев жөнүндө кебибиз кийин өз ирети менен болсун).

Өз сөзүмдө техникалык кеңешме супсак, кургак ураан, бирине бири үгүт жүргүзгөн мүнөздө өткөнүн белгилеп келип, Эсеналиевдин дал өзүнө иштин жайын терең талдабай, кургак чечендик менен чектелгенин, минтүү менен иштин жакшырбай турганын баса айттым.

Борукеев жыйынтыктаган сөзүндө: «Иштесеңер иштегиле, иштебейт экенсиңер, арызыңарды жазгыла да кеткиле!» деп, «Бирдеме берсеңер бергиле, бербесеңер ишиңерден кеткиле!» деген паролун айтып сөзүн аяктады.

 

Ошол эле күнү кечке маал айылдан келген Жөкөн (өз аты Жумабек) деген чабан жолдошум экөөбүз «Суусамыр» ресторанына келдик. Экөөбүз мурдатан ошентип сүйлөш-көнбүз. Ал малчылардын республикалык кеңешмесине каты-шып жаткан. Мектепти бирге бүтүргөнбүз. Жолдоштукка бек турган, куу-шуму жок, ачык-айрым жигит.

Бирден стопка көтөрүп, ысылыктардан оозго салып, өткөн–кеткенден кеп салып коюп отурабыз. Аңгыча Жөкөн-дүн ийнинен ашыра төрдө эки үстөлдү бириктире коюп отурушкандарга көзүм түштү. Бүгүнкү автотресттин чогулу-шуна келишкен авточарбалардын жетекчилеринин бир тобу экенин дароо тааныдым. Биз жакты беттеп, алардын так ортосунда Эсеналиев да отурат. Кызуулана сүйлөшкөндөрүнө караганда биерге эбак эле келишкендей түрлөрү бар. Эсена-лиев кадимки өзүнүн манерасынан жазылбай, эки ийинин куушура, оң колунун манжаларын чуштуйта бириктирип, дал эле маңдай чачы салаңдап түшкөн бет алдындагы абаны сайгылап, үнүн кысылта чыгарып, бирдемени сүйлөп жатат.

Жөкөн экөөбүз дагы бирден алып, өз маегибизге кирдик.

– Баса, Кадыр, канча балалуу болдуң?

– Бир уулум бар. Бешке карап калды.

– Ой, ошончо жылдан бери бирөө элеби? Кана, үйлөнгөнүңөргө канча жыл болду? Алтымыш биринчи жылдан бери эсептесек… Он бир жыл болуптур.

– Аялымдын дагы боюнда бар, – дедим катуу таң калган Жөкөнгө жылмая карап.

– Балаң бешке караса, үйлөнгөнүңөрдөн кийин беш-алты жылдан кийин гана барып төрөптүр да. Эми боюнда болсо, дагы беш жылдан кийин экен.

– Эң алгач бир кыздуу болгонбуз. Анда аялым экөөбүз тең студентпиз. Кыздын атын Гүлнар болчу. Айылдагы апама бергенбиз. Рахит, бронхити аралашып, ал кызыбыз беш айдан кийин чарчап калган. Үй-жайдын шарты болбой, аялым сактанып жүрдү. Анан шаар жеринин аялы качан төрөп, качан койорун өздөрү билишет. Күйөөсүнөн сурабайт. Андан көрө өзүңдүн канча балаң бар?

– Оо-ой, биздикиби? Биздики бир короо. Эркек-кызы болуп жетөө. Сегизинчиси боюнда туру.

– Минтип отурсаңар эки жолку баатыр эне болот ко аяшыбыз.

– Эки жолку болбосо да бири эле болуп турсунчу. Алтын медаль бербесе да «Баатыр ата» деген атакты мен да алып каламбы деп жүрөм, – деди Жөкөн бажырая күлүп. – Баса, Кадыр, «Баатыр ата» деген наам бербей эле койсун, анан балдары ондон ашкандан кийин момунча сандагы баланын атасы деген медаль берип коюшса эмне болмок? Көкүрөккө тагынып алат элек. Көргөндөр: «И-и, он баланын атасы экен» дешсе сыймык да.

– Мунуңдун туура жагы бар. Бирок бирин таштап, бирине үйлөнгөн көп аял алгандар эмне болот? Ар бир аялы төрөгөн балдарды кошкондо ондон ашып кетсе? Ага да медаль беришсинби?

Жөкөн эмне дээрин билбей алактай түштү.

– Анда-а-а… И-и, ти-ги… Көп аял алганынын себебин караш керек да. Маселен аялы көз жуумп кетсе же күйөөсүн чанып, балдары менен күйөөсүн таштап кетсе, бул жерде эркектердин эмне күнөөсү бар?

– Жөкөн, балким бул туурасында ойлонуп жаткандар бардыр. Ага эмне башыбызды оорутабыз. «Баланча балалуу ата» деген наамдын кимге кереги бар. Ошол эле медалды жасагандын канча түйшүгү, канча чыгымы бар дейсиң. Ар бир эркек үчүн эсеп-кысап жүргүзгөн канча адам керек? «Баатыр» деген наам аялдарга эле буюрсун. Кел, андан көрө мындан алалы.

Мен кийин «Чабан доско» деген төмөнкү ырымды жаздым:

Онду бүтүп, кой артынан сен кеттиң,
    Окуймун деп Фрунзеге мен кеттим.

Ар бир койду байлап бактың семиздеп,
    Ар жыл сайын алар төлдөйт эгиздеп.

Койлоруңду өз кол менен куудурдуң,
    Көп балдарды аялыңа туудурдуң.

Аяшыбыз жылда тууп жатыры –
    Ардакталган «Энелердин Баатыры».

Жатасыңар элдин малын көбөйтүп,
    Жатасыңар элдин санын көбөйтүп.

Менин жарым төрөп берди экини.
    Андан кийин бала орду бекиди.

Бекиди эмес бууп салды каналын,
    Урук жетпей уясына баланын…

Баккан коюң жалкы козу туубасын,
    Алган жарың бала ордун буубасын!

…Стопкаларды бошотуп, жаңы эле ысылыктардан ооздорубузга салганда Эсеналиевдер ордуларынан турушуп, тышка чыкмакка бизди көздөй басышты. Жаныбыздан өтө бергенде Эсеналиев мени көрө койду. Мас болсо да оюндагысын айтат дегендей, жакшы эле кызымтал Эсеналиев биздин жаныбызга аялдай түшүп:

– Ой, сиз да биерде белеңиз? Артыбыздан аңдып жүргөн жоксузбу? – деди тамашасы же чын экени билинбей.

Миң тамашасы болсо да ичимден тырчый түштүм. Ал минтүү менен жанында жүргөндөргө өзүн бир көрсөтүп алайын дегени экенин мен айныбай билдим.

– Садык Эсеналиевич, коркпой эле коюңуз. Аз болуп калган көрүнөт, дагы бир ресторанга кирип чыгыңыз, – дедим какшык аралаштыра, жинимдин келгенин ачык билдирип.

Эсеналиевдин үлүрөйгөн мас көздөрү ирмелбей мени тиктеди. Бул караштан ар түркүн маани окуса болмок: «Энеңди урайын, эмне деп келжирейсиң?» «Элге тийишпей өз жолуң менен жүрсөңчү!» «Чекеме чыккан бир чыйкан болдуң го?»

Экөөбүздүн ортобуздагы сөз ырбап кетет деп чоочудубу, авточарбалардын башчыларынын бири, жулма чач, ичи дандыйган Стакеев Эсеналиевди колтуктаган бойдон ой-боюна койбой, илиндирип-чалындырып алып жүрүп кетти.

Жөкөн экөөбүздүн ортобуздагы сөз токтоп, графинде калган аракты эки фужерге бөлүп куйдук да, алып жибердик. Анан эсептешип тышка чыктык.

Анын эртесинде «Эсеналиев катуу мас болуп, үйүнө көтөртүп кириптир» деген сөз угулду.

«Эсеналиев ичкенде өлтүрө ичет» деген сөздү те илгери, ал начальник, мен күзөтчү механик болуп иштеп турганда эле угуп жүргөм. Бирок бирге туруп, бирге жүрбөгөндөн кийин анысынын чын экенин билген эмесмин.

* * *

Министр Үсөн Калыбаевдин өз колу коюлган жолдомо кагаздарын политехти бүтүргөндөргө тапшырган министрликтин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Аманбек Самсаковдун (бул адам туурасындагы баянды өзүнчө окуйсуздар) жардамы тийип, Фрунзеге барарым менен министрликтин борбордук аппаратынын жүк тартуучу автотранспортту пайдалануу бөлүмүндө адегенде катардагы инженер, бир жылдан кийин ошол эле бөлүмдү башкарып, он үч жыл иштеп, министр-ликтин коллегия мүчөлүгүнө чейин көтөрүлдүм; баштапкы партиялык уюмун бир топ жыл жетектеп, анча-мынча кадыр-баркка ээ болдум. Үч жылдан кийин Үсөн Калыбаевди министрликтен дыркырата кууп түшүштү да, анын ордуна орун басары Владимир Петрович Филимоновду коюшту. Ушул орус адамы менен он жыл иштештим. Менин билимимди, ишке болгон жөндөмүм менен тыкандыгымды, кошоматы жок түз жүрүшүмдү баалап, ал дайым мага көз салып, коллегия мүчөлүгүнө чейин көтөрдү; үч бөлмөлүү жаңы үй алып берди; кай бир учурларда кыргыздарым уюштурган моралдык өлүмдөн канатына калкалап сактап калган учурлары болду. Минстрдин орун басарлык орду бошогондо өзүнө автотранспортту тейлеген орун басар кылып алууга аракетин кылды. Бирок мунусунан майнап чыкпай калды. Себеби тактысын тартып алабыз деген талас-тык байкелерибизге иттей таарынып калган Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Турдалиев министрибиздин сунушун акырын гана четке кагып койду. Ошону менен Владимир Петрович мени чакырып алып: «Аппаратта көп жыл жакшы иштеп бердиң. Эми өндүрүшкө бар. Ал жактан да ишке көзүң каныксын» деп, Фрунзедеги шаар аралык жүк ташуучу «май талкан» автобазалардын бирине начальник кылып жиберди.

 

Начальник болуп дайындалган күндүн эртеси эле башкы инженерди ээрчитип, гараждын ичин кыдырып жүрүп отуруп, машиналар кирипчыгуучу дарбаза жакка басып бардык. Башына дүкөндүн жасалма жүндүү арзан тумагын, үстүнө купайке, бутуна керзи өтүк кийип, дарбаза алдында басып турган Эсеналиевди дароо тааныдым. Ал да мени көрө коюп, адегенде эмне кыларын билбей калдастай түшүп, анан мени көздөй шашыла келип, кол суна берди. Тырмактарынын алды көгөрүп кир толгон колун алып учураштым.

Башкы инженер экөөбүз андан ары бастык.

– Бу Эсеналиев го? Садык Эсеналиев? Ошобу?

– Да, Кадыр Айтиевич. Он самый. Пропащий человек, – деди башкы инженер Жумабеков орусчалап. Шаарда өскөн неме кыргызча ныпым билбейт. (Бирок ушул жерден баштап башкы инженер болобу, башкасы болобу, бардык сүйлөшүүлөрүбүздү кыргызча берейин).

– А эмне үчүн бүткөн адам?

– Алкоголик. Мен аны те башында эле кууп чыгайын дегем. Эмнегедир эле мурунку начальнигибиз кармап жүрдү. Кадыр Айтиевич, бул адамдын көзүн тезинен тазалашыбыз керек.

– Макул ошентели, анан ал кайда барат?

– Биздин ишибиз эмне экен? Кайда барса айда барсын. Пусть сдохнет. Анын тирүү жүргөнүнөн эч пайда жок, коллективге да, а балким үйүнө да.

Мен ойлонуп калдым.

– Ал бизди тажатып бүттү. Момундай, – деди Жумабеков алкымын колунун кыры менен мууздай көрсөтүп. Анын жалгыз соо сол көзү балбылдай жанып, ачуулана күйүп сүйлөгөнүнө караганда Эсеналиевдин булардын тажатканы чын болушу керек.

– Андай экен, эмне үчүн менден мурда ага бир чара көргөн жоксуңар?

– Айтпадымбы, аны мурунку начальнигибиз кармап жүргөн деп. Ал экөө качандыр бир кезде техникумда бирге окушкан имиш.

Жумабековдун бул сөзүнөн «Эсеналиев сиздин да эски таанышыңыз болуп жүрбөсүн?» дегенди түшүнгөнсүдүм.

– Кууш керек. Болду! Мага эле укук берип коюңузчу, бир заматтын ичинде жок кылам. Болгону сиз тараптан колдоо болсо болду.

– Кандай колдоо?

– Биздин сунушту колдоп, аны мыйзамдын жобосуна ылайык кетирүү буйругуна кол койсоңуз болду.

Мен кайрадан ойлондум. Ооба. Жумабеков түн ичинде келип болсо да Эсеналиевдин ичимдик ичип алганын аныктап акт түзөт. Жумуш убагында ичимдик ичип алуу деген ошол күнү ишке чыкпай калган менен барабар. «Прогульщик» деп кызматтан алынат. Анан бу шору каткан шоркелдей Эсеналиев каякка барып баш пааналайт? Ал көп болсо кырк алтыдан кырк жетиге кетти. Менден көп болсо алты–жети жашка улуулугу бар. Пенсияга чейин канча бар али? Башка жактан иш таап чекеси жылып кетерин бир кудай өзү билет. Мыйзам жобосу менен кетирсек башка жерде аны кызматка алышабы? Аракечтерден ким болсо да качат эмеспи?

– Адыл Жумабекович, аны кууп жибериш жеңил. А балким тарбиялоого аракет кылып көрбөйлүбү?

– Тарбиялап?! – Жумабековдун жалгыз көзү чанагынан чыгып кете жаздады.

– Кантсе да мен Эсеналиев менен сүйлөшүп көрөйүн. Азырынча тийбейбиз, – дедим начальниктик укугумдан пайдаланып, үнүмдү саал-паал буйрук иретинде чыгарып.

 

«Атаңды өлтүргөнгө аш бер» деген кыргыздын макалы бар. Андан да өткүрү мындай: «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер». Бул макалдар эмнени туюндурат? «Өткөндү кектебе, жамандык кылганга жакшылык кыл» деген маани. Башка элдерде жогорку маанидеги макал-лакаптар барбы, билбейм. Биздин кыргыз калкында «жамандыкка-жакшылык» деген турмуштун катаал философиясы кайдан, эмне себептен келип чыккан? А бирок азыркы биз жашап жаткан заманда жамандыкка жакшылык менен жооп берген адамды көрө да, уга да элекмин. Бири бир жамандык кылса, экинчиси андан эки эсе ашып түшөт. Жамандыкты ачык көрсөтпөгөн күндө да, бирибиздин ийгилигибизди бирибиз көрө албай, эң болбогондо ичибизден тырчыйып турабыз. Кези келген жерде ошол адамды болсо-болбосо да балп эткизе жамандап койобуз. Жамандыкка жакшылыкты кой, жакшылыкка кылган жакшылыгыбызга сары эсеп жүргүзүп, тигиден бир нукум ашып кетпей, кокус башынан бакыт тайып, кызмат даражасы төмөндөсө, эми анын пайдасы канчалык деп карабай, көчүгүбүздү салабыз. Мурда ийгилигине кызарта алакан чапсак, эми болсо ал ошону көрмөк деп табабыз канып, ыйманыбыз кубат алат. Биздин замандын мен байкаган философиясы ушундай.

Жумабеков экөөбүз сүйлөшкөндөн көп узабай, Эсеналиевди кабинетиме чакырдым. Алды жагыма келип отурду. Тумагын алып, эки тизесинин арасына кыпчып, иретинен кеткен чачын оң жагына сылаган болду. Анан капталын келтирип, алды жагын караган бойдон унчукпай отуруп калды. Эсеналиев мени эмнеге чакырды деп ойлоп жатканын албетте мен билген жокмун. А балким «келме-кезек, терме-тезек» деп бир кездеги мага кылган жамандыгын айтат деп күтүп жаткандыр, ким билет.

Мен Эсеналиевдин анысын да эске түшүрбөй, арагыңды токтоткун, болбосо статья менен айдап чыгам деп коркутуп-үркүткөн жокмун. Ушу ичимдиктен не пайда деген жай акылымды да айтпадым. Ал туурасында мурдатан ойлоштурулган оюмду шар эле ортого салдым:

– Садык Эсеналиевич, өзүңүз билесиз, мен биерге жаңы келип иштеп жатам. Кимдин ким экенин биле элекмин. Сиз экөөбүз башынан таанышпыз. Күзөтчү механиктикти коюп, бир колоннаны алыңыз. Бир айдан бери үчүнчү колоннанын начальниги жок турат. Начальниктин милдетин аткарып жаткан жигит жаш, тажрыйбасы жок. Шопурлар анчалык тоотушпайт экен аны. Ошол. Ошол үчүнчү колоннаны эртеңден баштап өткөзүп алыңыз. Ушуну айтайын деп чакырдым. Башка сөзүм жок, – десем эле Эсеналиев:

– Э, Кадыр Айтиевич, тиги... – деп кыңкыстай баштады эле:

– Садык Эсеналиевич, айтпадымбы сөз бүттү деп. Бир гана катуу айтарым, жакшылап иштеп бериңиз. Кийин айтчулар айтышат, жаңы начальник өз кишисин коюп алды деп. Жакшы иштебесеңиз уятка калып калабыз. Анан дагы бир айтып койорум. Ичкенди улантсаңыз ишиңиз оңолбойт. Ал турган сөз. Таптакыр ичпе дебейм. Ичиңиз. Бирок ичүүнүн да өз жөнү бар. Макулдаштыкпы? Эми барыңыз.

 

Башкы инженер Жумабеков менен эксплуатация боюнча орун басарым уйгур жигит Рашидовду баш кылып, аппараттын кызматкерлерин чогултуп, Эсеналиев туурасында кеңеш курган болдум. Аны колоннанын начальниги кылып которуу жөнүндөгү оюмду айтканда отургандардын төбө чачтары тик турду. Алардын көз карашында: «Бу начальниктин акыл-эси ордундабы?» деген күмөндөр суроо бар эле.

– Эгерде ал колоннанын начальниги болсо, башкаларыбыздын биерде кыла турган ишибиз жок, – деди Жумабеков мажез көз жагына башын кыйшайтып, жалгыз көзүн мага тигип.

– Кадыр Айтиевич, аны менен тикеден тике сиз эмес, мен иштейм да,– деди Рашидов да кадыресе кызаңдап.

– Жолдоштор, ар бир жаңы жетекчинин өз саясаты болот. Өндүрүштө болсун, кадрлар маселесинде болсун, – дедим үнүмдү кичине ныгыра чыгарып. – Кадрлар үчүн ириде мен жооп берем. Эсеналиевди мен башынан билем. Чоң кызматтарда иштеп жүргөн. Менимче иштеп кетет.

Бу саам эч ким үндөгүн жок.

* * *

Ошентип белгилүү аракеч Эсеналиевге жооптуу кызматты берип салдым. Колоннасында ар кыл улуттан турган, ар кыл курактагы сексенден ашык шопур иштейт. Эсеналиев ошолорго башчы. Ар биринин тилин тапса иштин жылганы. Бирок Эсеналиевге ишенген бир илинчээгим бар. Ал көп жылдар бою жетекчи кызматтарда иштеп жүрдү. Канткен менен да башкарган жагынан тажрыйбасы бар. Кырк жети жашта. Жаш да эмес, кары да эмес. Иштин майын чыгара турган чагы. Бирок... Бирок арагын тарта ичкенге эрки жетер бекен? Кеп мына ошондо.

Менин күчкө салып Эсеналиевди автоколоннанын начальниги кылып коюумдун дагы бир башка саясаты бар болучу. Ал бул кызматка күн сайын таң эртеден кечке чейин алпурушуп, оозуна бирдеме алууга да чамасы келмек эмес. Мурдагы кызматында болсо бир сутка иштеп, үч сутка үйүндө. Ошо бош жүргөн убактын эмне кылып өткөрөт? Кыларга иши жок неме бир стакан виносун жутуп алып, башын кеңгиретип коюп жүрө бергенден башка кылар иши жок да.

Канткен менен да Эсеналиевдин уяты бар экен. Бул уяттуулук анда жаратылышынан барбы же менин ага ишенимимден келип чыктыбы, анысын билбейм, эмнеси болсо да ал ишти алып кетти. Мен байкагандан анда айтканыңды айткандай аткарган касиет бар экен. Ооба. Мындай адамдар болот. Өз башынан демилге чыкпай, жетекчисинин көрсөтмөсүн күтүп коюп отура берет. Андай көрсөтмө келсе туурабы-туура эмеспи аны дал өзүндөй так аткарат. Ал ошол көрсөтмөдөн бир карыш четтебейт. Өзү көрүп-билип турган иш болсо да, жетекчинин көрсөтмөсүн аткарып коюп, башка көрсөтмө, башка буйрук күтөт. Эмне үчүн тигиндей кылбады элең десең, сиз антип айткан жок элеңиз дейт. Бирок ошол айтканыңды аткарып тургандарына да шүгүрчүлүк келтиресиң. Эсеналиевди балким өз мезгилинин кабыл алынган тартиби ошондой ыкка көндүргөндүр. Туура болсо да өз билгенин кылам деп, өз чоңдорунан далайлардын ооздору кандаган. Балким Эсеналиев да тумушукка бирди жегендир. Ошодон кийин жакадан башын кылтыйтып чыгарып калгандыр.

Автоколоннанын начальниги болгондон баштап, Эсеналиевдин баягы жүдөмүш кейпи да жоголду. Бир жолу уяткарып айткам. Ошодон баштап таза костюм-шым кийип, галстукту үзбөй тагынат.

Иште өйдүк-сөйдүк болбой койбойт. Эсеналиевдин ишиндеги кемчиликтерди санай берип, кымбаттуу окурманым, сенин убактыңды бекер албайын. Менин ага: «Ар бир шопурдун тилин таба билиш керек. Бири менен уруш, бири менен талаш, бири менен акылдаш. Жаш, тажрыйбасы жете электерден акылыңды аяба, жардам бер. Иши кылып ар бир адамдын көңүлдөгүсүн таба билсең эле ишиңдин алга жылганы. Аны менден жакшы билесиз» деген акылымды так аткардыбы, айтор Эсеналиев башкарган колоннанын көрсөт-күчтөрү жакшырып, бир калыптан түшпөй, колонналар арасындагы мелдештерде жеңишке жетишип жүрдү. Бул колоннанын ишинин жакшырышына «Эсеналиев начальниктин кишиси экен» деген сөздүн эл арасына тарап кетиши да себепчи болду го деп ойлойм.

* * *

Бир жолу Эсеналиев жумуш аяктап калганда кабинетиме келди. Карап отурган кагаздарымдан башымды көтөрүп:

– Та-ак, Садык Эсеналиевич, келипсиз? – дедим аны суроолуу тиктей берип. Ал эмнегедир оюндагысын дароо айталбай, күймөлө түштү.

– Кадыр Айтиевич, – деди Эсеналиев тамагын кыра маанилүү бирдеме айта тургансып. – Сизге ыраазычылыгымды билгизейин дедим эле. Чын эле тэ илгерки өткөндөгү менин сизге жасаган иттигимди кек кылып ичиңизге сактаба-ганыңызга көзүм анык жетти. Сиздин ордуңузда башка киши болгондо жардын кырына араң эле илинип турган мени бери тартып алмак түгүл, ары көздөй түртүп салмак. Билбейм, сиз кандай көрөсүз? Макул десеңиз ушу менин кайра киши санына кошулганымды белгилеп койсок деп сизге атайын кирдим, – деди Эсеналиев кантсе да жүрөксүй алдыртан мага көз жиберип.

– Ачыгын айтканда?

– Келин бала менен чогуу үйдөн даам сызып кетсеби дедик эле, жеңең экөөбүз. Сизди кандай ойлойт деп, ошонун ыгын келтирип айта албай жүрдүм эле.

– Өзү менен бирге иштешкен, болгондо да өз кол алдында иштеген адамдын үйүнө конокко барууга болобу,

– Эмне үчүн болбойт? Өз көңүлү менен чакырып жатса.

– Өз көңүлү дегенди кандай түшүнсө болот? Чоңуна дагы бекемирээк жагынуу деген эмеспи?

– Жо-жо-ок, Кадыр Айтиевич. Тамашага чаптырбаңыз. Конокко чакыруу деген бул ошол адамга карата болгон сый-урмат, кала берсе анын кылган жакышылыгына карата болгон жооп. Сиздин кылган жакшылыгыңызды мен унутсам да, жеңең – менин аялым унута албайт. Сиз жөнүндө сөз болуп калгандан бери качан чакырасың деп эле жанды койбойт.

Эсеналиевдин конокко чакырышынын эч деле саясаты жок ко деп ойлодум. Бирок анын үйүнө барып конок болуп, тамак жешим ылайыктуубу же жокпу? Өкмөттүн тили менен айтканда (жазылып коюлган андай деле заң-закүн жок) өзүңдүн алдыңда иштеген киши менен бирге отуруп даам сызып, ылым санашууга болбойт. Анткенде эле өкмөттүн ишине чоң зыян келет экен. Эмне дегенде тамакты бирге ичип, бирге жегендер бири биринин терс жасаган иштерин көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен болуп калат имиш. Башканы билбейм, мен мынабу жазылбаган, бирок өзүнүн ордун турмуштан катуу тапкан жобонун тууралыгына түк ишенбейм.

– Садык Эсеналиевич, конокко менден бөлөк дагы кимдерди чакырган жатасыз?

– Өзүңүздөр эле, келин экөөңөр.

– Жумашалы менен Аманды кошо чакырып койсоңуз болбойбу? Министрликтин бөлүм башчылары. Мурда бирге иштешип келгенбиз.

– Болбой анан, – Эсеналиев катуу сүйүнүп кетти.

 

Ошо менен үч үй-бүлө Эсеналиевдикинде конокто болдук. Алдыга апкелген тамагын жедик, арагын ичтик. Жумашалы менен Аман эки-үч алгандан кийин баягы шахматына кирип кетишти. Коңшуларыныкынан алдырган комузду күүгө келтирип, «Эсимде», «Үкөй», «Алымкандарга» окшогон эски ырлардан коңур үнүмө салып ырдап бердим. Күүлөрдөн черттим. Отурган келиндерден да ырдашты. Иши кылып, кимибиз кайсы кызматта экенибиз деги бир оюбузга келбей, демейде ичимдик үстүндө кыжың-кужуң сөздөр чыгып кетчү эле, а да болбой, жакшы отуруп, жакшы эс алдык. Эсеналиевдин аялы Гүлайымдын сыркоо өңдөнгөн кер-сары иреңине кадыресе жылуулук кирип, менин комуз чертип, ыр ырдаганыма бир жагынан таң калса, бир жагынан терең ыраазы болуп отурду. Ал эмес өзүнө берилген тостун жалаң менин ден соолугума, ишимдин ийгилигине арнады.

О, байкуш аялзаты! Сага эмне жетпейт? Жылуу мээрим, жылуу мамиле. Арзыбаган эле жакшылыкка жүрөгүңдүн толтосун берүүгө даярсың.

Мен Эсеналиевдикине конокко бекер келипмин деп деги бир да жолу оюма келбеди. «Биздикине да конок келет экен ээ?» деп Эсеналиевдин аялы жакшы ойдо калды. Турмушка, башкаларга, өз эрине болгон ишеними арбыды. Тамагым менен арагымды бердим деп тең ата болбой, кайра мага болгон мурдагы ызааты ого бетер артып, Эсеналиев эки эсе кубат менен иштеп жүрдү.

 

Кийин жаңы келишкен министрибиз Намазалиев менен анын орун басары Эркимбаевге жакпай калдым. (Булар туурасындагы узак баянды өзүнчө окуйсуздар). Автобазанын «майталканынан» бөлүшпөйт деп, кысымга ала беришкенинен өз арызымды жаздым да, начальниктик кызматын таштап, башка бир ишке өтүп алдым. «Майталкандан» чоңдорго бериш үчүн аны алыш керек да. Ал эми мен – Айты чоң молдонун баласы «алыш-бериш» салтына аралашпай калдым.

Ошодон жарым жыл өтпөй, Эсеналиевди кокусунан көчөдөн кезиктирдим. Эмнегедир өңү ачмыйып азгын. Тор баштыгын салаңдата, ичине бирдемелерин, түбүндө азыраак виносу калган бөтөлкөсүн салып алыптыр. Ал мени байкаган жок. Мен деле байкамаксандыкка салып өтүп кете берсем болмок. Бирок анын жүдөө көрүнүшү, мен кеткенден кийинки анын тагдыры кызыктырып туруп алды.

– Садык Эсеналиевич, салоомалейкум, – дедим башын жерге салып, каршыман басып келаткан Эсеналиев дал эле маңдайыма келгенде. Ал чоочуп, боюн жыйрый артка тарта берип, башын өйдө кылды. Үлүрөйгөн көздөрү ого бетер үлүрөйүп калыптыр.

– Алекисалам... – «Сен ким элең?» дегенчелик Эсеналиев эки-үч секунд тиктеп калды. Мени тааныды го, анын өлүмтүк кызымтал көздөрү жанданып, оң колундагы тор баштыгын сол колуна алганча шашты. Бармактары илиниппи же жөн эле өзүнүн карбаластаганынанбы, тор баштыктан колун бошото албай убараланды. Акыры бошотуп, кол алыштык.

– Кадыр Айтиевич, бул чын эле сизсизби?, – деди ал негедир колумду койо бербей. Анын калтаарый чыккан үнүндө таң калуу да, кубануу да, эреркөө да, муңкануу да бар эле.

– Ал-акыбалыңыз кандай? – дедим экөөбүз ээрчише баса бергенде.

– Акыбалды сураганда-сурабаганда эмне? Өзүңүз көрүп турбайсызбы. Баягы сиз кеткенден кийин мен да кеткем. Жаңы начальникке жакпай калдым.

– Эмне себептен?

– Бир-эки жолу оюмда эчтеме жок, сизди айтып, Кадыр Айтиевич минтчи эле, Кадыр Айтиевич тигинтчи эле деп койгом, сиздин иштеген стилиңизди мактап. Ошондон кийин асылды да калды. Көрсө мени сиздин «куйругуңуз» дептир. Анын көр-жемесине чыдай албай, урдум сени дедим да, арызымды жазып иштен чыгып кеттим.

– Эми кайда иштеп жатасыз?

– Эч жерде иштебейм. Жакында боорума операция жасаттым. Азыр жакшы болгонсуп, басып жүрөм.

– Бооруңуз ооруса. Анан моминтип вино көтөрүнүп алганыңызга жол болсун? Жутуп да алган көрүнөсүз.

– Э-эй, Кадыр Айтиевич, аны бир айтасызбы миң айтасызбы? Кандай айтсаңыз да сиздики эп. Мен эми бүткөн адаммын да... Андан көрө бир үч сомуңуз болсо таштап кетпейсизби?

– Макул, макул. Үч сом эмес, андан деле көбүрөөк таштайын. Бирок өмүр бою мени бир гана суроо тынчымды алып келатат. Те, илгери, сиз Талас автобазасында начальник болуп турганда мен күзөтчү механик болуп иштеп калганым эсиңиздеби? Ошондо мен эмне үчүн сизге жакпай калдым? – дедим үркүтүп албайын деп үнүмдү жайма-жайынан чыгарып.

– Кадыр Айтиевич, анда эч кандай деле сыр жок. Сиз келип иштеп жатканда инженердик-техникалык кызматкерлердин ичинде менин гана техникумдук билимим бар болучу. Башкы инженерибиз Золин политехте сырттан окуп жаткан. А сиз ошондо техникалык жогорку окуу жайын бүтүрүп келдиңиз. Анан өзүңүз да таластык экенсиз. Эртедир-кечтир ордумду ээлейт деп корктум. Ошол себептен атайын уюштуруп, ишиңизди текшерткен болуп, машиналардын бузуктарын тапкан болуп, техкеңешке салганбыз. – Эсеналиев унчукпай, башын салып, басыгын улантты. – Кадыр Айтиевич, бирөөгө кылган жамандыгың кайра кайрылып келип, өз башыңа келтек болуп урулат дегенге ишенип калдым. Ошол сизге жамандык кылгандан баштап, менин ишим оңолбой койду. Сиз Кудай сүйгөн, касиетиңиз бар киши көрүнөсүз. Аялым оору деп сизге калп айтып, машинасы менен түнүндө үйүнө кеткен Кыркбаев деген жигит бар эмес беле. Ошонун сопсоо аялы сиз кеткенден аз убакыттан кийин эле машина коюп кетип өлбөдүбү. Ошондогу ошол иттигимди кечирип, автоколоннаны башкартып койдуңуз. Бул деген сиздин эбегейсиз кеңдигиңиз, кеменгердигиңиз. Ке, эми, жанагы бере турганыңызды бериңиз, – деп Эсеналиев кадамын жайлатты. Мен чөнтөгүмдөн акча алып чыгып, ага сундум.

Эсеналиев экөөбүз кош айтыштык. Ал тор баштыгын оң колуна которуп, кыры кейпинен кеткен шляпачан башын алдыга жүткүнтө, тротуар менен илкий басып барып, имараттын бурчуна айлана берди.

Ошодон көп узабай, эс тутумун жоготкон Эсеналиев Садык үйүнөн кетип, бир айдан бери табылбай жатканын, сүрөтү менен басып, «Вечерний Бишкек» кезити кабарлады. Кийнчерээк шаардын бир жеринен анын өлүгүнүн табылганын да ошол эле кезит жарыя кылды.

 

АМАНБЕК САМСАКОВ

Садык Эсеналиев менен келише албай, аялымдын Бишкекте окугандыгына байланыштуу өз ыктыярым менен иштен бошотуусун өтүнгөн арыз жазып, иштен бошонуп, жалгыз чабаданымды колго алып, кайдасың Фрунзе деп жолго чыкканым эсиңдеби, урматтуу окурманым?

1965-жылдын ноябринде Фрунзеге кайтып келдим. Күйөөсү, бир кыз, эки эркеги бар бир тууган таежесиникинде жатып жүргөн аялымдын үстүнө барып кирдим. Чечмелегенде таежесинин атасы менин аялымдын энесинин бир тууган агасы экен.

Өзүмө иш табышым керек. Бирок кайдан издешти билбейм. Министрликтин кадрлар бөлүмүнө кайрылып көрсөм дейм. Бирок биз жиберген жактан эмнеге качып келдиң дешип кайра мени күнөөгө жыгышабы деп жүрөксүйм. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде беш жыл чогуу окуп, институтту артыкчылык диплому менен бүтүргөн, үйлөнө элегимде биринчи курсту бүткөнүмчө жатакананын бир бөлмөсүндө беш студент болуп чогуу жашаган татар досум Равиль жолугуп калды. Ал автомобиль транспорту жана шоссе жолдор министрлигинин алдындагы ачылганына жарым жыл жетпеген «Жаңы техниканы жайылтуу» деген трестинде ага инженер-конструктор болуп иштеп жатыптыр. Равиль ушул трестте айлыгы сексен сегиз сомдук катардагы инженер-конструктор деген кызмат бар экенин айтты. Бош жүргөнгө караганда бул да болсо иш, сексен сегиз сом болсо да айлык деп ошол ишке орноштум. Чийме чийүү жагынан эч кимге ат салдырбайм. Инженерлик графика менен да сулуу жазам.

Имарат жетишпей, бизди – чиймечи конструкторлорду министрликтин жыйындар өтүүчү залынын бир жак жарымына жайгаштырышкан. Залдын эки эшиги бар. Бир жагынан чыксаң министр баш болгон министрликтин кызматкерлери жайгашкан жагына чыгасың. Анын карама-каршысындагы эшик биздин тресттин кызматкерлери жайгашкан бөлмөлөргө алып барат. Иши кылып зал аркылуу тыяк– быякка өткөндөр эле көп.

Менин чийме тактайым министрликке чыккан эшикке жакын турат. Эшик ачылган сайын эле алагдыланып карай берем. Карабайын деген менен деле эшик ачылса кирген-чыккан кишиге карегим бир урунбай койбойт.

Бир жолу ошол эшик аркылуу арык чырай, ак жуумал, боз костюмуна өңдөш галстук тагынган, артын көздөй кашкайта таралган чачынын тал-тал буурулу бар, отуз бештердеги адам кирди. Ал экөөбүздүн көздөрүбүз учурашып, мага тааныш өңдөнгөн бул адамга башымды ийип салам берген болдум. Бул кайсы тааныш болуп кетти дегенсип тиги да көзүн тартып кете албай, бир саамга тиктей калып, анан жайма-жай кайкая басып, залдын экинчи эшигинен чыгып кетти. «Бул кайсы тааныш адам эле?» деп өзүмчө ойго түштүм. Анан эле министрликтин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Аманбек Самсаков экени эсиме келе калды. Быйыл эле жайында институтту бүткөнүбүздө ишке чеккен жолдомо кагазын дал ушул Самсаков өзү берип узаткан...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 2323