Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© К. Акматов, 2007. Бардык укуктар корголгон
© Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007.
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 24-октябры

Казат Акматович АКМАТОВ

Архат

Роман

Колуңузда «Архат» романынын үч китеби бириктирилген жаңы басылышы. Чыгарманын үчүнчү бөлүмү окурмандардын пикирлерин эске алуу менен кайрадан иштелип чыкты. Учурда роман орус ж. б. тилдерге которулууда.

Акматов Казат. Архат: Роман. – Б. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007.– 352 б. китебинен алынды

УДК 82/821
    ББК 84Ки7–4
    А 40
    ISBN 978–9967–14–047–9

 

Бул романда мен Адилет аттуу табиятынан адамдан артык, сырдуу касиет менен жаралган кыргыз уулунун татаал, бирок максаттуу өмүрүн баяндадым. Төрөлгөндө эле адамдардын адилетсиздигине дуушар болгон бул бала тибет элинин улуу архаты (олуясы) ыйык Миларепанын миң жылдан кийин кайра жаралган түгөйү катары өзүнүн бүткүл өмүрүн жер жүзүндөгү адилеттик үчүн күрөшкө арнайт.

Бир кезде биз, тарыхый шартка жараша, көзү ачыктык, кара сыйкыр, ак сыйкыр, гипноз, левитация (асманда учуу жөндөмү), кайып дүйнө, бакшылык ж. б. сыяктуу көркөм-философиялык ой жүгүртүүнүн баа жеткис мыкты куралдарынан ажырап калганбыз. Нарксыз, кунсуз, кыялсыз, жайдак рух менен жашап келгенбиз. Булардын баардыгын бир гана: «кыялый миф» деген мокочо ат менен тындым кылган элек.

Чындыгында мифтик уламыштар кээ бир учурларда ойдон чыгарылган калп болгон күндө дагы адамдын аңсезимин, ниетин чындыкка чакырып турган накыл сөз эмей эмине? Алар бизге ошонусу менен кымбат! Кыял болсо – өзүбүздөн алдаканча алдыга озуп, кең ааламдан адам баласы үчүн бакыт издеген Зымырык куш эмеспи!

«Архатты» окуган ар бир окурманым мына ушул эки жагдайды эске алса деген тилегим.

Автор

 

ОКУРМАНГА МААЛЫМАТ

Казат Акматовдун «Архат» романынын биринчи китеби 2005-жылдын сентябрь айында, ал эми үчүнчү китеби 2006-жылдын сентябрында чыгып, туура бир жыл аралыгында чыгарма толук бойдон жарык көргөн эле.

Мына бүгүн биз романдын үч китеби бириктирилген жаңы басылышын окуучуга кайрадан сунуш кылып отурабыз (Үчүнчү китеби кайра иштелди).

Жыл айланбай көркөм чыгарманы экинчи мертебе басып чыгарууга эмне себеп болуп кетти деген кызыгуу пайда болушу калет. Көркөм адабиятыбыз кескин жандана түштүбү?

Телеэкран менен компьютерди тиктеген замандаштарыбыз кайрадан китепке чукул баш бурдубу? Айтору, капыстан пайда болгон бул сыяктуу суроолор көп.

Көрсө, кеп төркүнү адабияттын « солгундап кеткендигинде» же болбосо «замандаштын китептен алыстап калышында» эмес шекилдүү. Кеп — мыкты чыгарманын жаралышында го деп ойлойбуз. Ал чыгарма мейли киноэкрандабы, сахнадабы, же болбосо интернеттеби, айтору кандай гана түрүндө жаралса дагы окуучунун, көрүүчүнүн, угуучунун сезимине шак этип урунбай койбойт экен.

«Архат» жарык көргөн күндөн баштап борборубуздагы дээрлик бардык жогорку окуу жайларында кызуу талкуу жаратты. Ал талкууларда таанымал жазуучулар, окумуштуу-илимпоздор, педагогдор, студенттер ж. б. роман боюнча пикирлерин ортого салышты. Республикабыздын дээрлик бардык басма сөз органдарында, телерадиодо, «Кабар» агенттигинде бүгүнкү күнгө алганда 20дан ашык илимий макалалар, кеңири пикирлер жарыяланды. Алардын авторлору: Ч. Айтматов, К. Жусупов, К. Асаналиев, А. Эркебаев, И. Лайлиева, М. Абакиров, К. Сариева, К. Байбосунов, Б. Акматов, П. Дүйшөнбаев, Б. Баймырзаев жана башкалар.

Аталган инсандардын баамында: «Бул чыгарма («Архат» романы) мазмууну боюнча, темасы боюнча жана сүрөттө манерасы боюнча кыргыз романистикасындагы мурда болбогон жаңы көрүнүш, жаңы окуя...» (К. Асаналиев, «Архат» I китеп. Баш сөз); «...адамжандын дилинде терең жашынып жаткан «Мен» деген көп залалдуу Эгосезимдин чыгармадагы негизги лейтмотив катары атайын изилдениши — бул чынында эле адабияттагы жаңылык, мурда боло элек көрүнүш...» (Ч. Айтматов «Архат» III китеп, Баш сөз); «...улуттук маданиятыбызга эпохалдык көрүнүш катары кирип келген адаттан тышкаркы чыгарма...» (Жаңы кылым», № 63, 12.09.2006. П. Дүйшөнбаев); (...романдын үч китеби бул — автордун көп пландуу, көп аспектүү, бүткүл дүйнөлүк проблемалар жана адамдын Эго табияты жөнүндөгү эстетикалык-философиялык терең талдоосу...» (А. Эркебаев, «Слово Кыргызстана» 22-сентябрь, 2006-жыл); «Архат» бул — мифтин жаңырышы, кыялдын тирилиши жөнүндөгү чыгарма, адабият айдыңындагы өзгөчө бир окуя...» (К. Сариева, «Адабий Алатоо», 2.12.05); «Архат» романын дил тазартуучулук жаатындагы орчундуу эмгек, элибизди келечектен үмүттөндүргөн заманбап чыгарма деп атасак болоор... Ошентип соңку тарыхтагы кыргыз адабиятында жаңы — профетикалык романистика жанры түптөлдү. «Архат» романын жазган автордун күчү ушунда...» (К. Байбосунов, «Адабий Алатоо», № 17, 2006-ж.) ж.б.

Дүйнөлүк адабият изилдөөчүсү, кыргыздын окумуштуу кызы И. Лайлиева «Архат» романындагы адилеттик издөөнү жана гуманизмди Гетенин «Фауст» романындагы «Ыйык Граалды» издөөчүлүк менен салыштырса, журналист-адабиятчы П. Дүйшөнбаев: «Архат — бул биздин салттуу адабиятыбызга мүнөздүү эмес, «Фауст», «Дон Кихот», «Доктор Фаустус», «Кыямат», «Кассандра тамгасы» сыяктуу чыгармалардын тилкесиндеги, ошолордун тутумунан карап талдоо кыла турган идеялык чыгармалардан...» деп жазат. Ал эми философ аалым К. Байбосунов болсо: «К. Акматов тарабынан кыргыз адабиятында мурда жок жаңы жанрдын (профетикалык) түптөлүшү жөнүндөгү оюн айтып келип, «Архатты» орустун улуу жазуучусу Ф. Достоевскийдин «Бесы», «Братья Карамазовы» деген романдарынын катарына коёт.

Жогорудагы мисалдарды келтирүү менен биз К. Акматовдун колуңуздагы жаңы чыгармасын асыя мактоодон алыспыз. Анткени бардык нерсени тарых, мезгил соту өзү чечет.

Арийне, эгерде эле кыргыз адабиятына жогорудагы абройлуу бааларга татыктуу чыгарма келген болсо, анда биз кыргыз адабиятын, жалпы эле маданиятыбызды, улутубузду ак ниетибизден куттуктасак ашыкча болбос деген ойдобуз.

«Архатка» — ак жол!

Редактор

 

ПРОЛОГ

Аты-жыты жок бир кымындай кызматкер килейген борбор шаарга дүрбөлөң сала алабы? Албетте сала албайт! Балким, сала алаар, шашылбасаң. Албайт дейм. Кантип сала алмак эле?!

Анда эмесе угуп тур. Көрсө бу турмушта баары боло берет окшобойбу. Кызматкердин аты да, заты да, жүргөн-турганы да Жүдөмүш болчу. Шаардын статкомитетиндеги эң эле кичинекей кызмат орун ошонуку – референт. Калктын саны боюнча сектордун кичи референти.

Сектор башчысына кирем деп Жүдөмүш үч жолу каалганы ачып обдулуп көрдү эле болгон жок: эки жолкусунда начальниги телефон менен сүйлөшүп жатыптыр, үчүнчүсүндө катуу үргүлөп отурган экен, даай албады. Бирок колтугунун астындагы томуктай жүрөгү түрсүлдөп болбойт. Кирсем эле дейт, бир билгенин айтсам эле дейт. Акыры Жүдөмүштүн да жолу болбой коёбу? Кирди!

– Кхм, – деди ал адегенде стулга коомай отуруп атып.

– Бол ымтырабай! Эмне келдиң?!

– Кхм. Шаардын калкы миллионго аз калды. Үч же эки күндө жетет ко…

– Ыя! – деп начальник чочуп кетти эле, беркинин жүрөгү оозунан ыргып кете
таштады.

– Мурдараак айтпайсыңбы, үргүлөбөй! Бол, батыраак мэрияга кат даярда!!!
Вуй атаңды!

Ошондон бир саат өтпөй борбордун мэриясында дүрбөлөң, андан кийин өкмөттүн Ак үйүндө дүрбөлөң. Газеттерге, телерадиого кулактандыруу даярдап, шаардагы төрөт үйлөрүндө чакан комиссияларды түзүп, телефон байланыш жасап, «Горздрав» деген мекемени штаб кылышып, бардыгы толгоосу мына-мына келе турган келиндерди аңдып калышты.

Көрсө, чоңдордун баары эле бул окуяны күтүп, атүгүл даярданып жүрүшкөн экен. Бирок анын болжолу кайсыл күнү болоорун тийешелүү кызматкер эскертип айтыш керек турбайбы. Дал ошонун өзү Жүдөмүш экен да! Эмнеси болсо да статкомитетинин кичи-референти борбор шаарга дүрбөлөң салды, бирок кечигип айткандыгы үчүн катуу тил укту, жумушунан куулуп кете жаздап барып араң дегенде калды окшойт.

Эртеси кечте эң биринчи звонок №3чү төрөт үйүнөн келди. Шаардын эли жапырт телеэкрандарын карап отурган. Ошончо элдин көзүнчө төрөт үйүндө түзүлгөн комиссиянын кишиси али баркырап аткан кызыл эт баланын билегиндеги бирканы карап алып аты-жөнүн трубкага кыйкырып атты. Жаңы төрөгөн келинди куттуктап атышты.

Ошентип эгемен кыргыз мамлекетинин борбору Бишкектин миллионунчу кулуну болуп шаардын күнбатышындагы, бир кезде «баскынчылар», «зордукчулар» туругу деп аталган «Бакай ата» жаңы конушунун «Семетей» көчөсүндөгү времянкада жашаган бир карапайым кыргыз жигиттин бышалак сары баласы жарыкка келди.

Телеэкранды карагандардын баары балбырап күлүп, бу жарык дүйнөгө «чү» дегенде эле олжолуу келген наристеге мээримин төгүштү, бактылуу апасынын ысымын да эстерине тутуп калышты.

Бирок эртеси күтүлбөгөн жерден эле мэриянын комиссиясынын атынан миллионунчу жаран деп телеэкрандан таптакыр башка баланын аты аталды. Муну уккандардын баары элейип калышты, бирок адаттагыдай эле эч ким мэрияга телефон чалган жок. Бир гана Жүдөмүштүн томуктай кызыл эт жүрөгү дүкүлдөп, тынбай уруп туруп алганына чыдабай начальнигине кирди эле, экинчи жолу катуу тил угуп чыкты. «Мэриянын чечимин ревизиялай турган сенсиңби!! – деп бакырды сектор башчысы. – Вуй энеңди!..»

Ошентип эне-бала №3чү төрөт үйүнөн чыгаар менен нааразы болгон туугандары, достору, коңшулары баланын жентек тоюна чогулуп отуруп мындай бүтүмгө келишти: «Төрөлбөй жатып адилетсиздикке туш болгон баланын аты «Адилет» болсун!»

Эч ким башка ат сунуш кылган жок. Болгону бир гана кошунасы келинге мындай деп күңкүлдөп койду:

– Сен тыякта уулуңду төрөп чаңырып атканда корооңо асмандан бир жарык нур түшүп турду…

 

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

«Атаганат! Кудайлардын,
    азезилдердин жана адамдардын
    жүрүм-туруму бирдей болсо кана!»
    «Калачакра»

Төртүнчү күнү таң супада «Үч кудук» деп аталчу көп кабат үйдө жашагандар баланы акыры кармашты. Көздөрү киртийип, мурдунан суу агып, кеч күздөгү чыкыроондо суук жеп калган бала экен. Кебетеси тогуз же он жашта. Оң кашынын үстүндө таруудай кара калы бар. Спорттук костюмчан, кроссовкачан, баш кийими жок. Шаардын башка жагынан келген түрү бар. Неси болсо да бул чөлкөмдө жашабаган чоочун бала. Чоңдордун берген суроолорунун бирине да жооп бербей, мелтейип турду. Болгону, ким унчукса ошону кандайдыр бир сырдуу тиктеп коёт да, кайра жер карайт.

– Дудук немего бул! Милицияга берип салыш керек нары! – деди үйүнөн жеңил кийинип чыга калган бир аял чыйрыгып.

– Эй бала, айтпайсыңбы, каяктан келип жүрөсүң бул жака таң атпай? Эмне үчүн эл уктап атканда селкинчек тээп ойготосуң! Азыр деген саат алты, билесиңби?

– Өзү деле түшүнбөйбү, чоңоюп эле калган бала экен.

– Жо анан тиги селкинчектин үнүн кантесиң. Таш тийген иттен бетер айкырып
тимеле.

– Атың ким, ай бала?!

– Дени соо эмес мунун. Жин урган неме го, – деди баланын намысына тиймек болгон бирөө. Ошентсе бала аны жаман көзү менен бир атып алды.

– Анда эмесе жооп бербейсиңби, тултуйбай!

– …

– Кечээ, мурдагы күнү кармай албай койдук эле, кантип кууп жеттиң бу шайтанга?

– А, индюка окшоп, майтаңдап чуркай албайт экен, – деди кроссовка кийген спортсмен жигит баланы атайын ызалантып. Ошентсе бала тигини акырая карап кызарып кетти. Жооп берейин деп оозун камдап барып, бирок кайрадан унчукпай калды.

– Өзү да чын эле индюка окшоп семиз экен.

– Ха-ха-ха!

Шылдың кылып күлгөндөргө бала ызалуу көз менен айланта карады да, жинин келтирген спортсменге акырын жооп берди.

– Кхм, жер шарынын айланышына карама-каршы жүгүрбөсөм сиз мага эч убакта жете албайт болчусуз.

– Өк, эмне-эмне дедиң?! Түшүнбөй калдым. Кайра айтчы!

Тургандардын баары тең спортсмен сыяктуу эле баланын эмне дегенине түшүнө албай, таңданып калышты. – Кайра айтчы дейм!

– …

Бир подъезде жашаган эки кошуна кемпир дагы качырып ийбейли деп баланы эки жак кашатынан бекем кармап турган. Баланы колго түшүрүштө бул эки байбиченин эмгеги чын эле зор болчу.

Жалаң чиновниктер турчу төрт кабат үйлөрдөгү нечендеген квартиралар таңкы селкинчектин кыйчылдаган үнүнө жабыла кыжырланып чырак күйгүзгөнү менен сыртка жүгүрүп чыккан бир жан болгон эмес. Бирөөлөр белгисиз бейбашты «наркоман» деп, бирөөлөр «маньяк», дагы бирөөлөр «шизик» дешип жинденишип, балкондорунан башбагышты, бирок караңгыда эчкимди көрүүгө болбойт эле.

Акырында, сомодой жигиттер чыкпаган соң, ушул эки байбиче кадимкидей казатка аттанган. Ансыз да түн уйку жок чакчайып жаткан эки байбиченин бири чала аксак, экинчиси чала сокур, томпогой көз айнегинен алдын араң эле боолгоп көрчү.

Бирок алар караңгыда көзгө илешпей эрбеңдеген баланы үч күн бою тута алышпай, төртүнчү күнү дегенде стадионго машыгууга бараткан бир жаш жигитке туш болушат.

– Ананайын, тетиги бейбашты кармап берчи, – дешет алар спортсменге.

Ошентип кылмышкерди карматып алышкандан кийин эки кемпирдин мактана турган удулу келип турду эле да.

– Карагыла! Мынабул чечек экен таңертең уйкуңарды бузган! – деди томпок көз айнекчени жумушка шашып бараткандарга кабарлап. Экинчи кемпир да биринчини туурай баштады. Экөө тең жумушка чубаган тааныштарына эрдемсип атышты. Өтүп аткандар баланы таңыркай карап, кээси миссирейе тиктеп, бирок дароо эмне деп айтаарын билишпей «ай-ай-ай» дегенсип баш чайкап кетип жатты. А кээ бирлери тимеле ээгин экчеп күлүп коёт. Эки байбиченин жасаган эрдигин шашып бараткандардын эчкимиси деле таңазар албагансыйт. Адам деген ушу да! Эми эле уйкусун бузган бейбашты ичип-жеп жиберчүдөй титиреп атышты эле, эми болсо баарысы тең аны унутуп калгандай. Ырас, бир гана аял балага сөөмөйүн кезеп: «Муну милийсага тапшырыш керек», – деп өттү. Орус аял экен, чындап кыжыры келген түрү бар, баланы аячудай эмес колуна тийсе.

Акыры, эл аягы сууган сайын, баланы бекем тутуп турган эки байбиче өзүлөрү кабатыр боло баштады:

– Бу чечекти эмне кылабыз эми?

– Милийсага өткөрүш керек.

– Албайт да аларың. Акча бербесең албайт мындайларды!

Бала чыйрыгып мурдунан аккан сууга ээ боло албай жатты. Эки жеңи менен алмак-салмак сүртүнүп коёт. Өңү болсо баягыдан бетер түктүйүп чыкты.

– Экинчи теппейсиңби селкинчекти?! – деди томпок көзайнекчен байбиче балага мунапыз берчүдөй эңкейип. Бала жер карады.

Ошол кезде анын муш жүрөгү туйлап, азыр кемпирдин колунан суурулуп чыгып, жер шарынын жүрүшү менен кошо тызылдагысы келип кетти. Анда эле балага эч ким, дегеле бул жалганда бир да адам, ал түгүл таң эртеңки кроссовкачан жинди да кууп жете алмак эмес! Керек болсо бала асманга учуп да кетмек!..

* * *

Бир жума дегенде бала араңдан зорго сасыктумоодон башын көтөрдү. Төшөгүнө тикелей отургузуп, тайэнеси жаздыктарды аркасына бийик жөлөп койду эле, Адилетке терезеден сырт көрүнүп калды.

– Менин боюм өсүп калыптыр, таене, – деди бала күтүлбөгөн жерден. Таенеси баланы тиктеп, дароо эмне деп жооп айтарын билбейт. Анткени ал небереси менен бүгүн таптакыр катуу сүйлөшсөмбү деп камданып отурган. Эгер небереси чечилип сүйлөшсө. Кыязы Адилет жанында күнү-түнү такай отурган байбичени сагынган окшойт. Бирдеме айткысы келип тургансыйт. Ошон үчүн Нуржамал байбиче аны маңдайынан сылап, каракушунан таттуу жыттагылады. Атүгүл көзүнө ысык жаш тегеретип да алды.

– Өстүң да. Сенин боюң узун. Дагы өсөсүң, каралдым.

– Киши ооруганда чоңоёт окшойт, таене. Мен чоңоюп калыпмын.

– Боюңдун узарганын айтасыңбы?

– Жок. Бүт эле чоңоюп калыптырмын.

– О, берекем десе. Ошент. Чоңойгун. Сен ансыз деле чоң жигитсиң да. Мына, буюрса быйыл бешти бүтөсүңбү? Илгери үч эле кыласты бүтүп алып элдер актип болуп кетчү. Атка минип, элди башкарып… Сен да ошондой бол. Таятаң кыйын кызматкер болчу өз кезинде. Мен саанчы болуп, ал уйперме болуп иштечү. Кудай салбасын, эзелтен берки саанчынын тукуму, сүттү көп алат деп мени депутат кылып, төшүмө орден тагышкан. Менин чоң апчем да кыйын саанчы болгон экен. Өз апам мени чүкөдөй кезимде эле сербейтип уйдун чандырына отургузуп койчу. Нечен жолу уй тээп, чака-мака, сүт-пүтүм менен томолонгом, хи-хи-хи.

Тайенеси тиши жок оозун колу менен жашырып күлүп койду.

– Уй менен сүйлөшкөндү билчү эмес белең, таене?

– Эмненин балам. Уй менен да киши сүйлөшчү беле кокуй. Сен эле бир шумдукту баштап жүрөсүң го. Бир туруп уй менен, бир туруп иттер менен сүйлөшүп.

– Кумурскалар менен, аарылар менен да сүйлөшө берем, таене. Көрүп атасың го аарылар мени чакпай артыман ээрчип алат.

– Баланын ойнун кой, каралдым. Андан көрө окууңду окусаңчы. Жалаң сенин окууңдун айынан атаң менен энең урушуп, бирин бири бычактай турган болду. Күндө ызы-чуу!

– Таене, мени оку деп кыйнабачы. Уй саашып апама жардам берейин.

– Сен да өмүр бою бок чыгарып калайын дедиңби, какмар! Жетишет! Атаң менен апаңдын чочко бакканы жетишет. Окууңду оку!

Нуржамал байбиче калчылдап кетти. Бала аны чочулай карады. Бирок таенесин дагы бир сынамак болдубу, айтору:

– Таене, окубайм, – деди атайы мелтейип.

– Окубайсыңбы?! Анда сендей какмардын барынан жогу! Тур! Бас!

Көптөн бери ар нерсеге чогулган ызасын ичине катып, көөдөнүндө бороон улуп жүргөн Нуржамал байбиче токтоно албай буркан-шаркан түшүп жиберди. Бала чочуп кетти. Үрпөйүп, боюн жыйрып, таенесине эмне деп айтаарын билбей, төшөктөн тура баштады.

– Сени биз эмнеге багып жүрөбүз, ыя?! Көзүңдүн агы менен тең айланып.., мындай экениңди билгенде… О өлүгүңдү көрөйүндүн тукуму десе! Кара жолтой какмар! Багы жок шоркелдей кызымды ого бетер шоркелдей кылдың, сен кудайбезер!

– Тайене!

– Сен туулганда эле каражолтой туулгансың! Керексиз болуп туулгансың. Сени тиги шаардагы чоңдор туулганда эле жектеген. Атыңды өчүрүп коюшкан. Туура кылыптыр! Сени элеби! Окубайсың ээ!

Өзүн жоготуп, көзү канталап, чачтары кадим жезкемпирдикиндей сапсайган Нуржамал байбиче жылаңаяк, жылаңбаш небересин бурчка камап алды.

– Таене дейм!
Нуржамал байбиче небересин тытып жок кылчудай калчылдап, арбайган манжалары менен баланы башы-көздөн, ийинден аткып-аткып алды.

– Таене дейм! Тайене!!!

Бала катуу чаңырганда гана кемпирдин сезимине бир нерсе жеткенсип, денеси селейе түштү. Сандырактап барып бурчка бүгүлдү. «Окуйсуңбу же жокпу?» Байбиченин бу сапаркы күбүрөгөнү өзүнө да угулган жок окшойт, бирок бул муунуп айтылган сөздүн каары Адилетке кандайдыр даана жетти.

– Окуюн, таяне! – деди бала тамга жабышкан тейде, сырткы эшикти көздөй жылып баратып. Таенесинин бурчтагы төрт бүгүлгөн арык денесине мындан ары эч убакта жан кирбечүдөй сезилди балага.

Дал ошол тушта Адилеттин апасы, мектепке кеткен Айзада, жүзүндө кенедей кан-сөлү жок, короосуна кирип келаткан. Ал адегенде шыйпаңдап алдынан чыккан итин таяк менен бир салды, андан соң нары короо жагына өтүп барып уйларын оңду-солду чаап-чаап жиберди. Эч качан жонуна таяк тийип көрбөгөн макулуктар онтолоп качып, бирин-бири жөөлөп, уй короонун ичи чаң-тополоңго толуп кетти.

– Өлгүлө! Кырылгыла! Силерди өлтүрүп, анан өзүм жоголоюн!

Эсин жоготкон аял колундагы таягын сындырып салган соң башын мыкчып отуруп калды. Ыйлайын десе көзүндө тамчы жаш жок. Эриндери гана титирейт.

– Э айланайын, кызым, бу эмне кылганың? – деди бир кезде күйүттүү чыккан энесинин үнү кулагына угулуп. Башын көтөрүп караса апасы Нуржамал жанында сербейип турат.

– Уулуң окуйм деп убадасын берди. Күйгүлтүк болбо! – деди кызынын авалын түшүнгөн байбиче жүүртө басып жанына отуруп. – Бул бала бир айтпайт эмеспи, айтса аткарат.

– Атасынын башын аткарсын! Мектептен чыгарып салды.

– Ок! Чыгарып салганы эмнеси? Кантип?

– Ошентип эле. Бүт мектепти позорит этти дейт, балаңар. Деректир менен урушуп кеттим. Наша тартат балаңар дейт.

– Карангүн, эми кантебиз! Ал, тигил, эми окуйм деп атпайбы! Жашабаган жубарымбек!..

Айзада кыйлага дейре демиккенин басып, үнсүз отурду да, анан башын көтөрдү.

– Деректирдин үстүнөн Гороного арыз жөнөтүптүр бул чечек. Болгондо да интернет аркалуу дейби… Эмне эле кылтыйып унчукпай жүрөт десечи.

– Дагы эмне дейт!

– Баягы биринчиден төртүнчүгө дейре окуткан Жылдыз эжейи экөө кошулуп жазышканбы, билбейм. Айтор Соломенцева деген деректиричи, тимеле овчаркадай арылдайт мага. Уулуңду Жылдыз Карабаева дейди кылып тарбиялаган дейт. Силер аны карабайсыңар, тартибин оңдобойсуңар дейт. Көрсө Карабаевасычы, өлөөрчө согушкан го аны менен.

– Ким менен?

– Деректири мененчи. Аны мага бери чыкканда бир кыргыз класстын мугалими шыбырап атпайбы. Адилет өткөндө классына иттерди ээрчитип келиптир. Үч-төрт ит дейт. Жылдыз эжеси кой деп койбой ал иттер менен Адилетти сүйлөштүрүп сабак өтүп жатып албайбы. Аны уккан деректир дароо жүгүрүп жетет. Чатак ошондон чыкты дейт. Түшүнүп атасыңбы, апа?

– Айта берчи!

– Сен көчөдөгү ооруу иттерди класска алып киресиң деп деректир адегенде Адилетке кыйкырат. Антсе Адилеттин иттери деректирди талап коё жаздашат. Анысы аз келгенсип деректирин: «Сиздин мээриңиз жаман. Оңолбойсуз.» — деп айтыптыр Адилет. Кишини карап туруп ошентип сынаган жаман адаты бар эмеспи мунун. Жылдыз эжеси болсо окуучусуна болушат. Ошентип экөө иттерден бетер тытышып калган го.

– Ким экөө?

– Жанагы Жылдыз деген мугалими деректири мененчи. Эртеси аны педсоветке салып, ишинен бошотуп ийиптир.

– Кимди?

– Жылдыздычы. Анысы жөн кетпей деректирдин үстүнөн Адилетти арыз жаздыртып кеткен го, өлүгүңдү көрөйүн. Өзү жазбайбы андай болсо!

– Бармактай бала кантип арыз жазып калсын, катыгүн?

– Ошону айтпайсыңбы, апа! Ансыз деле Горонодон келип окуучу жазган арыз турбайбы, муну карабайбыз деп кетип калыптыр.

– Анан?

– Анан ошол. Тигил чечекти окуудан чыгарып салыптыр. Дакүмөнтү жок. Мектепке закүнсүз өткөн дейт. Балаңар дейди, сабактан чыгып кетип, наша тартат дейт. Айтору алкылдайт, кишини сүйлөтпөйт тимеле.

– Э, айланайын, катыгүн. Окуусу жалаң эле беш эмес беле?

– Аны Жылдыз эжеси калп эле беш коё берчү экен дейт.

– Антип эмне жанына күч келиптир Жылдыз эжесинин?

– А дагы бир кудай урган неме го. Мектептеги ата-энелердин чогулушуна мен барбай, атасы барчу эле дайыма. О дегеле мактап келчү Жылдыз деген катынды.

– Катынбы же кызбы? Жаш эле неме болсо керек эле?

– Эмне болсо ошо болсун, өлүгүңдү көрөйүн. Мобул баланы такыр бузуп таштабадыбы. Же менин тилимди алсачы. Тимеле сабагым келип турат союл менен. Союлум да сынып калды, дүгөрөйүн.

– Экөөңдү тең айыптап жүрөт балаңар. Көрүнүп эле турбайбы.

– Ким экөөбүздү?

– Атасы экөөңөрдү! Экөөң эки жакка тартасыңар. А бала ортодо чайналып… Жинди болуп кетпесе десең. Жанагы кара куурайды тартса жинди болот да.

– Атасыначы, өткөрүп бердим. Окутсун ошол.

– Кой антпе! Доюр неме үйдөн кууп салат баланы.

– Маа десечи жоголсун ошондон арычы! Кечтим деги!

* * *

Ошол түнү бала чындап эле кайрадан жоголду. Түнкү саат төрттөр чамасы экен. Айзада сыртка чыга калса, көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Ал халатын чала бүчүлөгөн бойдон дарбазадан атып чыкты. Семетей көчөсүнүн кай тарабын көздөй чуркаарын билбейт. Өткөндө ал уулун шаарды көздөй бараткан жеринен кармап келген. Айзада эми да ошол жакка жүгүрдү. «Үч кудук» кварталына кире бериште балдар футбол тепчү жайдак талаа бар эле. Ошол талаага жүгүрүп жеткен кезде, келиндин өпкөсү көөп, дем ала албай калган. Дал ошол тушта алды жагынан баласынын кандайдыр шоолаланып, агарып кетип бараткан сөлөкөтүн көргөнсүдү. Айзада тез эле кубалап жетти, уулун дароо кучактай алган жок. Анткени билчү – уйкуда бараткан баланы чочутуп албаш керек эле.

– Адилет. Адиле-ет. Адиле-етик, – деп энеси аркасынан бир нече жолу добуш салганда гана бала ойгоно баштап, буту чалыштай кетти. Дал ошол ирмемде, бала али жерге жыгылып түшө электе энеси жетип, кучактап калды.

– Адилет, ай Адилет, ойгончу. Мен апаңмын…

Уйку-соонун ортосундагы бала жөөлүп атты: «буттарым сынды… колдорум сынды… ооой, колдорум сынды… өлбөйм… өлбөйм… өлбөйм, эч качан өлбөйм…»

– Адилет, берекем десе, көзүңдү ашчы! Айзада баласын көтөрүп басалбады, оор болуп калыптыр. Акыры уулу ойгонуп, бирок акыл-эсине элдир-селдир келе түшкөндөгү биринчи айтканы селкинчек жөнүндө болду: «Селкинчек мени чакырып атпайбы?» деди ал «Үч кудук» жакты көрсөтүп, көзүн ушалап.

– Кайдагы селкинчек?

– Космоско чакырып атпайбы…

Айзада сөзүн токтотту да, үндөбөстөн баланы алга жетелеп көрдү эле, эмеле басып өткөн жолуна өспүрүм таптакыр бут коё албады. Кеч күздөгү музкыроо отурган төтө жол тикенектүү, таштак болчу.

Айзада баласын аркасына көтөрүп жөнөдү…

«Көтүмө келгенсипчи, муну эмне миллионунчу кылып туудум экен! Миллиондон айланат белек. Кереги да жок эле бизге ошонунчу. Саат басып так ошол мүнөттө тууп салганымчы! Болбосо балам эл катары эле жүрбөйт беле. Асыя азапты мен апкелдим буга. Роддомдогу сволучтарды кантип кана муунтуп өлтүрөм?! Баланын туулгандагы документтерин атайын жоготуп коюшканы үчүн тытып өлтүрсөм болбойт беле ошолорду. Жогортон чоңдор айтышкан дейт, «талаш болбосун, документтерин жок кылып койгула» деп. О өлүгүңдү көрөйүн ошол чоңдордунчу. Башка бирөөнү миллионунчу кыла коюшуп, ага үч көмүт квартира беришип, жаңы туулган баланы «шаардын ардактуу жараны» кылышып, далай акча жешипчи, о өлүгүңдү! А мен ошонун айынан балама митирке алалбайм, ушу күнгө дейречи. Бала бакчага албай кууратпадыбы. Кийин мектепке да албай!.. Баарынанчы атын кайсы арыбызга Адилет койдук дейм да! Кана, кайда адилеттик деген неме!»

– Апа, жерге түшүр мени. Эмне көтөрүп алдың?

– Баса албай атпайсыңбы! Жакшы ойгондуңбу?

Тоонун тал чокусунан күндүн муруту сербейип калганда эси кеткен эне-бала араңдан зорго жетелешип үйлөрүнө келишти.

* * *

Алдыңдагы өзүң чече албай жаткан татаал суроолордун жообун турмуш кээде аянбастан таап бере берет. Ошол эле учурда ал андан да татаал тагдырды алдыңа камдап койгонун билбейсиң.

Айзаданын өтүнүчү менен аталаш агасы Таштан Адилетти «маздасына» отургузуп алып, шаардын сыртына, кореялык «Фламинго» шаарчасынын чөлкөмүнө алып чыкты. Шаарчанын кире бериши ээн, суук түшүп, эсалчулар келбей калган кез эле. Мектептеги иштери кедеринен кетип, окуудан чыгып калганын балага апасы угузган. Бирок мындан ары эмне кылыш керек экенин ага эчким айта алган жок. «Ырас менин сөзүмдү укпадыңбы, окууңдан чыктыңбы, анда экинчи сүйлөшпө мени менен. Таштан агаң сага менден артык эмеспи, ошону менен сүйлөш», – деген апасы. Таенеси болсо өгүнтөн бери небересинин жүзүн карай алган жок. Өзүнөн өзү эле сынып, чүнчүп калды байбиче. Таштандын да ахвалы андан жеңил эмес болчу.

– Калп эле мени досум деп коёсуң, бирок мага сырыңды такыр айтпайт турбайсыңбы, – деди Таштан балага таарыныч кылып. Агасы бир орчундуу кеп айтарын Адилет сезип келаткан. Бирок мындай дооматты күткөн эмес. Ошондуктан эртеден бери биринчи жолу баш көтөрүп Таштанды суроолуу карады.

– ГорОНОго арыз жөнөткөнүңдү биринчи жолу кечээ апаңдан уктум. Таңкалганыман эмне дээримди билбей калдым. Аябай жаман болдум, эгер түшүнсөң. Дос да сендей болобу?

Адилет капыстан уурусу кармалгандай кызарып жер карады, бирок адатынча үндөгөн жок.

– Айтсаң эми, ал эмне деген арыз эле?

– Арыз эмес, жөн эле суроо болчу.

– Эмне деген суроо эле. Же мага айтууга болбойбу? Андай болсо айтпай эле кой. Адилет агасын кирпик астынан кыжалат бир карады:

«Эмне үчүн орус класстарына жылыткыч берилет, а кыргыз класстарына берилбейт?» — деген суроо болчу.

– Ушул элеби?

Адилет башын ийкеди. Таштан күлдү:

– Улутчул суроо турбайбы. Сен билесиңби «улутчул» деген эмне экенин?

Адилет башын чайкады.

– Болуптур. Азыр билбей эле кой. Бирок мындай суроолоруң болсо бере бер. Коркпо.

– Коркпойм! – деди Адилет чыйрала түшүп.

– Мектептен чыгарып салбадыбы. Ошентсе да коркпойсуңбу?

– Окубайм. Чыгарса чыгара берсин.

– Окуйм, окубайм деп айтышка акың жок да. Аны ата-энең чечет. Кичинекейсиң азыр.

– Шамбалага алып кетем дебедиң беле. Сен берген китептердин баарысын окуп бүткөм да, — деди Адилет түз жооптон буйтап.

– Э, ал деген илимий китептер, балдар үчүн энциклопедиялар. Андай эмес, сен кадимки эле бешинчи классты бүтүшүң керек. Анан барасың Шамбалага.

– Өзүң кетип калбайсыңбы?

– Сенсиз кетпейм. Чакырык да келе элек.

– Ким чакырат?

– Тибетте теологиялык илимий борбор бар. Өтүнүчүмдү жибергем. Диссертация жазышым керек деп. Буюрса чакырык келет.

– Келбей калсачы?

– Келет. Диссертациямдын темасы макулдашылган да.

– Кандай тема эле, айтсаң?

Таштан олуттуу түр жасап кесе айтты:

– Сен ага азыр башыңды оорутпачы. Ансыз да мен сага көп нерселерди окутуп салып, өкүнүп атам. Ошонун айынан мектебиңден качып жатат окшойсуң.

«Горе от ума» – «Акылдан – азап».

– Жылдыз эжейден окусам болобу?

– Ха-ха! «улутчул» эжейиң жагып калган экен сага. Бирок аны кайдан табабыз? Ишинен бошотуп ийген тура. А балким мугалим болуп иштебей калгандыр. Базарда соода кылып отургандыр.

– Антпейт ал! – Адилет кызалаңдай түштү.

– Сен мага жооп берчи, – деди Таштан жумшарып, – «Үч кудук» кварталынын короосундагы селкинчекке качып барып жүрүптүрсүң… Балким ошол элитный мектепке…

– Ким айтты? – Адилет кыпкызыл болуп ызаланып кетти.

– Апаң айтты. Өткөн түнү эле сени ошол жактан кармап келген турбайбы. Жашырба. Баары бир, каяктан бешинчи классты бүтсөң да, мени менен Тибетке барасың. Эгер өзүң кааласаң.

Адилет тескери карап, Таштанга далысын салды. Көпкө дейре кроссовкасы менен бардюрду тепкилеп турду да, кылчайбастан:

– Селкинчектин үнү Сириустан келген сигналга окшош. Ошон үчүн…

Таштан унчукпай досунун жумшарышын күтүп турду. Ал Адилеттин ички дүйнөсүндө кандайдыр бир өзгөчө сыр бар экенин билчү. Баланы дайыма кандайдыр бир али өзүнө да белгисиз ойлор жетелеп, дейди кылып, бул реалдуу дүйнөдөн алыс алып кетип калчу. Ошондой күндөрү ал карап туруп эле кишини тааныбай, салам бербей, түнөрүп кетээр эле. «Уулуң адамдын мээр нурун көрөт турбайбы. Кийин чоң көзү ачык болот. Сакта бул баланы», – деп бир төлгөчү тажик аял айткан имиш.

Бирок баланын атасы да, апасы да атеистик доордо жашаган соң, мындай сыйкыр жыттуу сөздөргө кулак кагышчу эмес, ишенишчү да эмес. Болгону, агасы Таштан гана университеттин философия факультетин бүтүрүп, теология илимине кызыккан. Тибеттеги улуу Мистериялар жөнүндө көп окуп, ошол жалпы будда дининдеги ламаизм багытынын алгачкы баскычындагы «бон» ишеними менен байыркы кыргыз теңирчилигинин таңкаларлык окшош элементтери жөнүндө изилдөөсүн баштаган. Диссертациялык иши да ошол эле. Анын изилдөөлөрү эч кандай мистикалык ой жорууларды эмес, барып турган реалдуу жөнөкөй, адамдык материалдар, каада-салттардын, диний ишенимдердин табиятын ачып салыштыруу болчу. Ырас, салыштыруусу жөнөкөй эле илимий көнүгүү эмес, кыргыз рух тарыхындагы Тибет дооруна байланышкан кыйла ачылыш болмок. Кыскасы бул иш бармак кесип, тобокел кылчу илимий жаңылыктардын бири эле!

А мындай алганда Адилеттин ички дүйнөсүнүн, ал кызыккан кыялдардын Таштандын илимине тийешеси жоктой. Ошентсе да баланы ушул Бишкек чөйрөсүнөн алыс алып кетүү агасынын оюнда дайыма уялап жүрчү. Муну ишке ашыруунун эң эле оңтойлуусу – Тибет. Анткени өзү ал жака барганы турат. Каражаты жок. Эгерде Адилетти өзүнө кошуп алса апасы Айзада каржылашы мүмкүн деп ойлоп, Таштан көп күндөр мурун жеңесин көндүргөн. «Кыргыз балдары Американы, Европаны кой Түркияга, Мекке, Мединага дейре кетип, окуп атышат. Алардын келечеги чектелүү – молдо же имамдан ашык адам боло алышпайт. Ал эми Тибет окуусу таптакыр башка билим, башка дүйнө. Ал жерде бүткүл ааламдын, планеталардын сыры катылган. Улуу ойлор топтолгон. Адамзаттын келечек тагдырын айткан илим-билим бар ал жерде. Кыргыздан али бир да бала барып окуй элек. Адилет биринчи болот. Бизден деле бирөө жетсин да Шамбалага1. Рух дүйнөнүн эң бийик чокусуна. Кийин баладан кандай адам чыгаарын бир Алла билет.

Көкүрөгүндө бир нерсе бар немени алып баралы ошол жакка. Жок эле дегенде тибет медицинасынын устаты болуп келет» деп Айзаданы абдан ишендирген. Сөздүн чыны, тибет окуусунун чоо-жайын Таштан өзү да даана билчү эмес, Айзадага да түшүндүрө алган жок. Бирок баласы демейдеги «бизнес», «юрист», «маркетинг», «менеджмент» кесиптерин айтса эле баш чайкап тургандыктан, Айзаданын айласы куруп жүргөн. Ошондуктан Таштандын айтканын өзүнүн ой жоруусу менен толуктады да, баласын Тибетке жиберүүгө макул болду. Бишкектин өзүндө эле «Тибет медицинасы» деген канча борбор ачылды. Ошолордун бириндей эле борборду Адилет уулу келечекте ачып алса болбойбу? Албетте болот! Бирок бул чоң маселени эми атасы Саламат менен макулдашуу керек эле…

– Адик, – деди биртопко унчугушпай баскандан кийин Таштан, – мектеп жөнүндө сөздү бүтөлүчү.

– Мен Жылдыз эжеден окуюнчу, байке!

– Жо, мен сени бир жака зордоп жиберейин деп аткан жокмун. Дегинкисин айтам. Башка мектеп жөнүндө сүйлөшкүң келбесе, анда мен да сөздү токтоттум.

– Жылдыз эжени кайдан табабыз?

– Тапса болот. Бирок аны адегенде апаң, атаң менен кеңешели … Коётур, Адик! Дагы бир сөз бар. «Ляп» деген эмне экенин билесиңби?

– Ляп?

– Ооба.

– Апийим го дейм.

– Сен тартасыңбы?

– Ляп эмес. Бир жолу кара куурай тартып көргөм.

– Кандай болот экен?

– Эки бала тартканбыз. Күлүп атып боорубуз эзилген. Ал мени карап алып күлөт. Мен аны. Күлгөн сайын кебетебиз укмуш бузулуп, анан ого бетер күлүп.

– Анан?

– Класстагы балдарга айтып берсек алар бизди шылдыңдап коюшту.

– Эмне деп?

– Мактанышат. Биз небак «стеклого», промедолго өткөнбүз. А сен экөөң сопляк, сасыган кара куурайды биринчи жолу тартыпсыңар деп.

– Анан?

– Болду. Ошону менен дагы бир жолу тарттык, анан тартпай калдык.

– Эмнеге?

– Билбейм. Жөн эле тартпай калдык.

– А тиги балаңдын аты ким?

– Аны экинчи жолу тартканда атасы кармап алып сабап салган. Ошондон кийин жолобойт.

– Экинчи тартпайбы аның. Ишенесиңби?

– Унутуп да калды.

– А сенчи?

– Мен дагы.

Адилет байкесин карап ууртунан күлүп койду.

* * *

«Восток-5» кичирайонундагы «Иэзабель» менчик еврей лицейи мурдагы бала бакчанын биринчи кабатын ээлеген экен. Жылдыз эжейин ал жерден табуу кыйын болгон жок. Бирок, танаписке чейин фоеде күтө турууга туура келди.

– Мен еврей тилин билбейм да, – деди Адилет Таштанды жеңден тартып саруулап. Таштан мостоюп тамашалады:

– Кыргызча окугуң келбесе, еврейче окуйсуң да…

Аңгычакты балдар топурап танаписке чыгышты. Адилет балдардан сүрдөп, атүгүл тердеп кетти. Чурулдаган немелердин көбүнүн кулагында же мойнунда илинген радионаушниктери бар экен. Кийингендери башкача.

Жылдыз Карабаева фоедеги тааныш адамдарды көрүп, таңыркай калды:

– Адилет, сенсиңби?

– Саламатсызбы, эжей. – Адилет жер карады.

– Саламат. Кайдан, меймандар?

Эжейи баланы ийнинен кучактап, Таштанга суроолуу карады. Адамжандын ички табышмагынын дагы бирөө ушул – мурда жолугуп эле жүргөн адамың кокустан эле көзүңө башкача көрүнүп калат. Таштан толкундап кетти. Адилеттин Жылдыз эжейи мурда көргөндөн таптакыр башкача жан турбайбы! Карегинен нуру төгүлгөн, жылдызы жүзүнөн жанган керемет келин Таштанды бүгүн бир башкача карап турду. Мезгил экөөнү тең өзгөртүп салгандай. Өмүр бою бирин-бири издеп табыша албай жүргөн ашыктар азыр, ушул мүнөттө күтүүсүздөн табышып тургандай! Таштан нес болгон бойдон тура берди эле, акыры Жылдыз биринчи көзүн ала качып кетти. Келин эмне кылаарын билбей, бети дуулдап ысып, акыры Адилетти кайрадан кучактап тамашалады:

– Адик, бул киши сага ким болот?

– Дозум.

– Ха-ха-ха! – Таштан катуу күлүп жиберди.

– Досум десең. Атасы «з» менен сүйлөйт. Мен Адилеттин чоң досумун, бул менин кичине досум.Таштан капыстан Жылдызга колун сунуп калды.

Түшүнүксүз – же салам бергениби, же эмнеси? Жылдыз сунган колду алды да, кызарып кетти. Экөөнүн көз караштарын кайрадан бир сыйкырдуу ирмем аралап өттү. Колдору болсо ажырашкысы жок. Бирок Жылдыз кайрадан биринчи болуп колун тартууга аргасыз болду.

– О, жакшы экен. Жүргүлө анда, тигил бош класска, – деди ал Адилетти колтуктай алып.

Окуучусу жөнүндө сөздүн баарын угуп бүткөнчө Жылдыз эжейинин өңү нечен жолу өзгөрүлүп, акырында баланы кучактап алып, жашып кетти.

– Менин эң таланттуу окуучум элең. Ушуга дейре жеттиңби, Адик?!

– Сизден башка эч кимден окугусу жок, – деди Таштан.

– Түшүндүм. Бирок… Анда Адикти мага эртеңке дейре калтырып кеткиле.

Экөөбүз биздикине барып терең ойлонолу. Макулсуңбу, Адик?Адилет башын ийкеди. Таштан болсо «азыр» деп нары басты да, чөнтөк телефонунан Айзада жеңесине чалды.

– Апасы макул, – деди ал кайра басып келип Жылдызга. Келин Таштандын балбылдап тиктеген көздөрүнөн кайрадан көзүн ала качты.

* * *

«Чексиз Ааламда адегенде баш аламан болгон экен. Аны тартипке салыш үчүн Кудай таала жаралган. Ал өзү эле жети катар асманда жоктон бар болуп, аба менен нурдан жаралып калган. Андан кийин өзүнө жардамчыларын жараткан. Улук, Периште, Ибилис, Азезил деген көп жардамчылары болгон.

Бир күнү Алла жерди жаратып, айбандарды, куштарды ошол жакка жашасын деген. Жер айбанаттардын гана мекени болчу.

Жетинчи күн дегенде ал ойлонуп отуруп өзүнө окшогон жан жараткысы келип, Адам атаны жасаган. Анын денесин жердеги топурактан, жанын Сириус планетасындагы абадан жасаган. Адамды Кудай өзүндөй өлбөс кылып жараткан болчу. Адамга Кудай өзү суктанган, себеби ал өтө акылдуу жана сулуу болчу. Эми мен буга жолдош кошуп берейин деп, анын бир кабыргасын алып туруп, Обо энени жараткан. Обо эне Адам атадан токсон тогуз эсе сулуу жана назик болгон. Экөө тең Кудай менен кошо асманда түбөлүк жашамак.

Алар жыргап жашаган Бейиш багында бир түп ачуу алма бар болчу. Анын алмасын жегендер ак менен кошо караны да билип, күнөөнү көп жасап, бактысыз болуп калмак. Ошону Кудай таала Адам ата менен Обо энеге эскерткен. Эч качан жебегиле деген. Экөө алмага жакын басып барчу да эмес.

Кудай таала өз жардамчыларынан да Адамды жакшы көрүп, көбүнчө аны менен сүйлөшө берчү. Ошого Ибилистин ызасы келчү. Ошондуктан Ибилис Обо энени азгырып, тукумуңар көбөйөт деп кызыктырып, алманы жегизип койгон. Ошентип Кудайдын айтканы бузулат. Аны укканда Кудай таала аябай каарданат, Адам ата менен Обо энени айбандар жашаган тоголок жерге түшүрүп салат. «Тукумуңар мейли көбөйсүн, бирок өмүрүңөр кыска болсун. Күнөөнү, кылмышты, адилетсиздикти тилеп алдыңар, алар эми башыңардан кетпейт», деп Алла таала Азезилди чакырып алып: «Адамдын жанын мен айткан кезде алып турасың», – деп тапшырат.

Муну укканда Ибилис аябай сүйүнгөн. Улук менен Периште болсо Адам ата, Обо энеге болушкан. Кудай «болушпагыла» деп аларга тыйуу салган. Улук болбой эле бир жолу аларды кайрадан асманга алып чыгып, түбөлүк жашатмак болгондо Кудай аны да жазалаган. Жерден асманга кетчү коридорлордун баарын жаап салган. Кудай Улукту жер бетиндеги Кайлас тоого чынжырлап камап туруп, анын ысымын өзүнүн ысымына кошуп алган. Ошондон кийин Алла-Улук деп бирге айтылат. Улук Кудайдын каарына ошентип калган. Ал акыр заман болмоюнча камоодон чыкпайт. Периште болсо Кудайдан коркуп, Адамдын жанына келе албайт. Алыстан гана жакшылык жасап жүрөт. Ал адамды дайыма колдойт. Ибилис болсо дайыма зыян кылат.

Жер бетинде айбандар менен бирге жашап, Адам ата, Обо эне тукуму аябай көбөйөт. Бир күнү алар чогулуп « Биз эмне үчүн өлбөс эмеспиз, эмне үчүн түбөлүк жашабайбыз, муну биз Кудайдан сурап, талап коёбуз, ага жетебиз», — деп Баабил шаарындагы дөбөгө бийик мунара сала башташат. Баабил мунарасы күндөп-түндөп бийиктей берет. Акыры Кудайга жете турган болгондо Кудай таала амал ойлойт. Адамдардын өңдөрүн да, тилдерин да ар башка кылып салат. Ошондо Баабил мунарасын салып аткандар бирин-бири түшүнбөй калат. Мунара токтойт. Адамдар болсо ошентип өлбөс боло албай, жерде айбандар менен биротоло жашап калган экен, алар адилетсиз.

Анткени эң эле биринчи кылмышты Адам ата, Обо эненин өз балдары баштаган. Эмне үчүн Кабл өз иниси Хаблды өлтүргөн? Көрө албас, ичи тар болгондугу үчүн. Энеси Обо кичүү уулу Хаблга айткан болчу: «Агаңды шайтан азгырып дос кылып жүрөт, сак бол, ичиңдеги кубанычыңды ага айтпа», – деген. Бирок Хабл айтып койгон. «Мен Адам атам бөлүштүргөн боюнча малдын пири болгон соң, Алла таалага бир кара койду курмандыкка чалсам, ал зыяратымды кабыл кылды. Кудай мени жакшы көрдү», — деп мактанган. Эртеси эле «мен дандын пиримин» деп Кабл толтура кап буудайды Аллага багыштаса ал кабыл кылбай коёт. Ошого ичи күйгөн агасы инисин таш менен башка уруп өлтүргөн. Ал экөөнөн тең көп балдар калган. Баарынын тең канында жакшылык менен кошо жамандыктын бүртүгү жүгүрүп турат. Ал бүртүк токтоосуз көбөйө берген…»

Төртүнчү класстын баласы жазган дил-баянды окуп бүткөн соң, кош сызык дептердин эки барагын кармалап, Таштан күлүмсүрөп отурду. Адилеттин зиректигине, уккан-билгенин, Таштан өзү берген китептерден Кудай жөнүндө окугандарын бүт эптештирип жазганына ичи элжиреди. «Карасаң, Вавилонду «Баабил» деп шумерче өз аты менен бергенин. Алардын жомогун анык кыргыздыкындай кылып койгонун кара! Балким түбү бир болсо керек… Бул баладан чыгат! Бирок…» Телефондун үнү Таштандын оюн бөлдү. Трубканы алса Жылдыз эжей экен.

Үнү негедир кубанычтуу.

– Адилет биздин лицейден окууга макул болду! – деди Жылдыз сүйүнчүлөгөндөй.

– Кандайча? Еврей лицейиненби?

– Окуу бизде негизинен орусча, англисче. Мен буларга кыргыз тилинен сабак берем. Иврит сабактарынын ордуна Адилет орус, англис тилин окуй турган болду. Деректир менен сүйлөшүп койдум.

– Мм… апасы чечсин. Ансыз болбойт.

– Албетте. Бирок сиз сүйлөшүңүз. Же болбосо мен сүйлөшөйүн.

– Мен апасын сизге алып барсам кандай болот? Окуунун акысын да макулдашыш керек го?

– Ооба. Бул өзү кымбат лицей. Мен Айзаданы жакшы билем да. Апкеле бериңиз! Баса, сочинениесин окудуңузбу Адилеттин? Төртүнчү класста жазган. Кайра өзүмө бериңиз! Мен аны катып жүрөм.

– Бала сизге сырын айттыбы деги?

– Негизинен сизге айткандарды мага да айтты окшойт.

– Гравитациялык коридорлор жөнүндөчү?

– Ошону түшүнгөн жокмун, кечиресиз. Планеталардын аралыгында дейби, ошондой коридорлор бар имиш.

– Анда сизге да четин айткан экен. Ошону издейм деп жүрүп бу шайтан сабагын таштап атпайбы. Бирок сиздин тилиңизди алат. Ошого ишенебиз. Калганын барганда сүйлөшөлү ээ?..

* * *

Үч күндөн кийин Адилет Нарбаев «Иэзабель» еврей лицейинин бешинчи классына отуруп окуй баштады.

– Биз кыргыз мектебинен балдарды өзүбүзгө албайбыз, аны жакшы билесиз. Жалаң гана сиздин сөзгө ишенип алдык. Эгер бу балаңыз төрт классты бешке окуганы чын болсо, көрөбүз,.. – деп лицейдин кожоюну Анри Брудный Жылдызга сылык айтып, мойнуна тымызын доомат илип койду.

– Балага ишенем!, – деди Жылдыз чыгып баратканда деректирдин кабинетинин эшигин демейдегиден катуу жаап. Анри Брудный артынан карап, башын чайкады. Ал Жылдызга тийишип жүрчү.

Адилет түштөн кийин мектептен келген бойдон жазуу үстөлүнөн алыс жылбайт. Мындай тартипке чымырканып жүрүп көнүп да алды. Болгону анда-санда компьютерине отура калып ойнойт. Көбүнчө жылдыздарга саякат жасаган видеокассеталарын тегеретип, ааламдагы гравитациялык коридорлорду издейт.

Бүгүн болсо оң мүрүсү сыздап, ызасына чыдабай көзүнө жаш тегеренип отурду. «Киргиз» деп класстагы балдар ага кличка коюп алышкан. Өңү ак-саргыл, чачы тармал, мурду коңкогойроок баланы адегенде «черкес» деп, андан кийин «пеппи» деп, акырында, мамлекеттик тил күнүндө кыргызча бийлегендиги үчүн «киргиз» деген кличкага токтошту. Папкасын катып коюшуп, буттан чалып, акыры эки-үч жолу мурунга жеди, өзү да жөн калган жок. Аны «киргиз» дегендер көрсө еврей эмес эле өзбек, уйгур, дунган балдар экен. Баарысы тең өздөрүн «крутой», «бугор», «олигарх» деп аташкан Кыргызстандагы жаңы байлардын балдары экенин Адилетке Таштан айтып түшүндүрдү. Орустун, еврейдин балдары эмес, Адилетке адеп катылгандар жалаң ошолор.

Бир сапар класстагы балдар жашыруун бир маанилүү ишке даярдана башташты. Экиден, үчтөн күбүрөшүп шыбырашат. Адилетти араларына кошушпайт. Ошентип отуруп акыры болчу окуя сабактан кийин, мектептен оолак, чала бүткөн имараттын далдасында өтмөк болду.

– Сен да барып көр. Анткени кийинки кезек сеники, – деп Адилетке улуксат беришкен. Көрсө бир уйгур менен бир орус баланын жекеме жекеси болмок экен. Экөө ортого чыгып, калгандары тегеректеп турушту. Класстын кыздары да келишип, балдардан мурун «калыстар тобунун» ишин аткарып чуркашууда.

Эки бала алды менен чапчышып, мушташып, анан күрөшө кетишип, ит жыгылыш болуп, кайра туруп, айтор көпкө тирешти. Алардын ар бир мушу же чалып жыкканы кыйкырык-чуу менен эсепке алынып, акыры уйгур баланын мурдунан кан кетти эле, баары кол чаап жиберишти. Ошого шердене түшкөн каршылашы беркини аёосуз койгулап, акыры тигил тил-оозу жок жатып калганча тепкиледи. Ажыраталы, болду деген бирөө да чыкчудай эмес, ошондо Адилет кандайча ортого чыга түшкөнүн өзү да билбей, орус баланы «токто» деп жеңден алды. Жеңишке шерденген бала кайрыла калып, муштумун Адилетти көздөй бир шилтеп чыкыйга чала уруп кеткен болчу.

– Не лез, дурак, киргиз! – деди аңгыча тургандар чуулдап. Кыздардын бирөө келип Адилетти төштөн ары бир түрттү эле бала чалкасынан түшүп кала жаздады. Уйгур бала болсо канга чылк боёлуп, сынган кирпичтердин арасында жатты.

– А теперь Гошку под кран! Хорошо умойте. Чистота залог здоровья! Ха-ха-ха! Ха-ха-ха!

Апта өтпөй эле кезек Адилетке келип, аны бир күн мурун өзүнө угузушкан. Көрсө, Шалхар аттуу бир дунган бала Адилетти «заказ» кылыптыр. Себеби эч белгисиз. «Өткөндө киргиз мени коридордон жөөлөп кеткен» деген «негиз» айткан имиш. Ал бала класстын атамандарынан кастетке улуксат алган экен.

– Сага да улуксат. Кийип чыксаң болот! – деп Адилетке эскертишкен.

Адилеттин шаштысы кетип калды. Кастети жок эле. Анын үйүндө болгон бүткөн куралы – чөнтөк газбалончик. Анысы да бирөө эле болчу. Айласы кетип ал Таштан байкесине айтууга аргасыз болду. Кастет сурады. Таштан баланын айткандарын угуп бүткөн соң дароо лицейге, Жылдыз эжейге бармак болду. Жекемежекени токтотуп, аны уюштургандарды дароо жазалаш керек эле. Бирок ага Адилет такыр макул болгон жок. «Баары бир алар мени «чөгөрөт» деди ал айласы кетип. Жекеме-жеке болмоюнча болбойт». Анда эмесе деп Таштан катуу ойлонду да, бир амал тапты…

* * *

Адилет менен Шалхар ортодо беттеше баштаган кезде капыстан бир чоң киши үстүлөрүнөн чыгып калды.

– Эй достор! Оюн көрсөк болобу? – деди ал киши эчтеме билбеген болуп.

– Сиз кете бериңиз! Жолто болбоңуз! – дешти биринчи кезекте кыздар чуулдашып.

– Макул кете берейин.

Чоң киши кетип калды да, тигил эки атаандаш мушташа баштаганда кайрадан шып жетип келип, экөөнү тең шилиден алды. «Милийсага камайм экөөңдү тең. Мени менен жүргүлө!»

– Кандай акыңыз бар? Булар ойноп атышат!

– Көрдүм! Кастет деген кандуу курал. Бул үчүн камалат! Мен милийсанын капитанымын.

– Кандуу эмес! Финка болсо бир жөн!

– Кана, сен бери келчи! Финкаң барбы! Таштан эки атаандашты жетелеп келип, лицейдин директору Анри Брудныйга тапшырды…

Ошол чала болуп, бүтпөй калган беттеште Адилет мүрүсүнө кастет жеген болчу. Азыркыга дейре басылбай ооруйт. Бирок, эң негизгиси Адилет беттештен качпады, калыстар тобу болсо аны эми «чөгөрүүгө» акысы жок. Эч ким аны «чыккынчы» же «бок жүрөк» деп кемсинте албайт.

– Бул лицейде болгону дагы жарым жыл окуйт экенсиң, мушташка катышпай эле койчу, – деди Таштан. – Андан көрө билимиңди күчөт.

Машинада Жылдыз эжейи да бар эле. Бала эжейин суроолуу карады.

– Үйгө айтпай эле коёлучу, эже.

– Эмнени? Мушташканыңардыбы?

Адилет башын ийкеди.

– Билбей турам,– деди Жылдыз эжейи.

– Менимче айтпай койсо болот ко. Мушташ үзгүлтүк болду да, – Таштан рулдан колун албай артка, Жылдызга карады.

Дал ошол тушта сары дарбаза шак ачылып, баланын атасы Саламат сыртка чыга келди. Машинедегилер үндөбөй, аны тиктеп калышты.

– Адилет! – деди Саламат болгон окуяны билип койгон сыяктуу шектүү үн менен. Бала сыртка чыга жөнөдү. Таштан болсо Жылдызды үйүнө жеткизип коймоко «Маздасын» дароо буруп кетти. Машина Саламаттыкы эле…

* * *

«Күн кыпкызыл болуп батып баратат. А мен болсо дагы эле эч нерсе жаза албай отурам. Жылдыз эжей берген дилбаяндын темасы туура эмес. Ошон үчүн жаза албай атат окшойм. Ной же Нух пайгамбар эмес Яйсувду жөнүндө жазгым келет. Яйсувду деген ат байыркы шумер тилинде «жай аккан суу» дегенди билгизет. Муну мага Таштан досум айтып берген. Эгер ушуну жазсам Жылдыз эжей балким каршы болбойт…

Адам ата менен Обо эненин кичүү баласы Хаблдын өлүмүнөн кийин жердеги адамдардын көңүлү бузулуп калды. Биринен бири шек санап, биртуугандан да ишенич кетти. Акыры жер үстүндө көбүнчө адилетсиздик өкүм сүрө баштады. Жакшылыкты бардык жерде жамандык кубалады, кемсинтти, шылдыңдады. Буга кайгыргандар өтө аз болду. Бир гана адам — Яйсувду деген кырктар чамасындагы киши күндүр-түндүр ыйлай берди. Кишилер ага да күлүп, атын «Ыйлаак» деп өзгөртүп, шылдыңдашты. Ыйлак кишинин үч баласы бар эле. Ал үчөө да атасындай ыйман күтүшкөн. Яйсувду акыры Кудайга үнү жете озондоду: «О, Алла, пенделериң бузуку жолго түштү. Алар кылган кылмышты санап да бүтө албайм. Сенин улуктугуң чын болсо булардын бирин да жер үстүнө калтырба. Анткени булардан жалаң бузуку тукум тарай турган болду». Ушинтип жети күн, жети түн зарлагандан кийин Алла таала «Ыйлаактын» тилегин кабыл кылды. Бат эле асмандан буйрук келди: «Пендем Яйсувду, сен эми көз жашыңды тый. Ыймансыздар бүтүндөй топон сууга чөгүп жок болот. Ошон үчүн балдарың менен саж жыгач тигип өстүрүп, ошондон кеме жаса!» дейт. Яйсувду үч баласы менен саж жыгачын тигип өстүргөн соң зор кеме баштайт. Ыймандуумун деген адамдарга кабар айтып кеме жасагыла, топон суу каптайт десе, алар ишенишпейт, Яйсувдуну шылдыңдашат.

– Көп жылдан бери тамчы жаан жок, жер кургап атса кайдагы топон сууну айтасың, келесоо, – деп күлүшөт.

– Кеме жасап бүттүм, о Алла сууң качан пайда болот? – дегенде асмандан жооп келет:

– Мен белги берем, алоолоп от күйгөн жерден суу чыга баштайт!

Аны уккандан кийин Яйсувду тамак-ашын, иче турган суусун камдап кемеге салды. Кеме үч кабат эле. Үстүңкү кабатына Яйсувду өзү тандап атайын киргизген канаттуулар жайгашты. Ортоңкусуна аялы, балдары, келиндери менен өзү кирди. Эң төмөнкү кабатын болсо калган жаныбарларга берди.

Ошол күнү Яйсувдунун аялы жүгүрүп келди:

– Яйсувду мырзам, тандырга от жагып атсам чоктун астынан суу чыга баштады! – деди бир күнү аялы энтеңдеп чочуп.

– Анда тезинен кемеге киргиле! – деди Яйсувду баарына шашылыш буйрук берип. Бирок ал чочулап Алладан сурады:

– О, жараткан, айбандар бири-бирине кас эмеспи, кемеге киргенде кандай болоор экен?

– Яйсувду пендем, сен санаа тартпа, аларды кас кылган да мен, дос кылган да мен өзүм болом.

Ошондон кийин кемеде тынчтык өкүм сүрдү, арстан, жолборстор жоош болду, жыландын уу тиши түшүп чакпай калды. Карышкыр болсо коркуп бир бурчка тыгылды.

Эшек гана кемеге кирбей кетенчиктеп туруп алганда «Эй, хайбар! Кир кемеге!», – деп Яйсувду бир кыйкырганда эшек кирип кетти.

Асмандан күндөп-түндөп кара нөшөр куя берет. Жерден да оргуп суулар чыгат. Кырк күн, кырк түн токтоосуз суу каптаганда жер үстүндөгү адамдар менен жаныбарлар бүт кырылды, жер бети тазаланды.

Яйсувду кеменин ичин кыдырып карап жүрсө Ибилис отурат бир жерде.

– Сен бузуку, кантип кемеге кирип кеттиң?

– Эшектин куйругунан тартып киргизбей тургам кемеге… Ошондо сен өзүң «Кир, хайбар!» деп кыйкырдыңбы. Анан эшек менен кошо кирип кеттим.

– О, Ибилис, шайтан! Сен адамдын азгырыгы! Кайрадан жер үстүндө тирүү калган турбайсыңбы?! – деп Яйсувду кайгырган экен. Бирок Ибилисти сынап көрмөк болот.

– Э Ибилис, сен өлбөс болуп жаралган Адам атаны Бейиш багында азгырып, өлө турган пенде кылып салдың. Өзүң болсо өлбөс болуп жүрөсүң. Бул калыс эмес ко. Кудайга тобо кылып Адам атанын өлбөстүгүн кайра сура! – деген экен.

– Эй, Яйсувду, макул, мен тобо кылайын, Кудай макулбу ошого? Күнөөмдү кечеби?

Яйсувду Ибилистин тилин алып, Кудайдан анын күнөөсүн кечүүнү сурайт.

– О Яйсувду, Адам атанын табыты сенин кемеңде эмеспи, ошого Ибилис сейде кылсын, күнөөсүн кечейин, – деген экен.

Ошондо Ибилис сейде кылбай койгон.

– Адам атаңар тирүү кезинде мен ага баш урган эмесмин, эми чириген денесине баш урамбы?! – дептир.

Ошентип Ибилис шайтан адам менен достошпой койгон.

Күндөрдүн биринде кеменин ичинен оргуштап суу чыга баштайт. Яйсувду шашылыш кыйкырат:

– Тешикти ким табат?!

– Мен табам, – деп жылан алдыга чыгат. Ал сойлоп жүрүп кеменин түбүндөгү тешикти табат. Ошого куйругун тыгып коюп ийрилип жатат. Кеме чөкпөй аман калат.

– Э жылан. Топон суу токтогондо сенин тилегиң эмне болсо ошону орунда-
там, — деп Яйсувду убада берет.

– Эй, айбанаттар! Силер жакындашпагыла, тукум көбөйтпөгүлө, кемеге батпай, чөгүп кетебиз! – деп Яйсувду буйрук берет. Ошого болбой эле чычкандар аябай көбөйүп, кемени теше башташат. Ошондо Алла тааладан Яйсувдуга буйрук келет.

– Арстандын башын сыла! – дейт.

Яйсувду арстандын башын сылаганда ал чүчкүрөт, мурдунан бир мышык ыргып кетет. Ал мышык чычкандарды кырып жоготот. Кеменин ичи бок-сийдикке толуп кетип, сасык жыт тумчуктурат. Кудай тааладан буйрук келет:

– О, Яйсувду, пилдин жонуна чыгып аркасын сылачы!

Пилдин аркасын сылаганда анын тумшугунан эки чочко чыгат да, бок-сакты бүт жеп жоготот. Кеме таза болуп калат.

Кырк күн, кырк түн дегенде Топон суу тартылат. Яйсувдун кемеси Кантеңир тоосунун үстүнө токтойт. Жамгыр басылып, суулар тартылып, жер бети кургай баштайт. «Бардык жер кургады бекен, көрүп келчи», – деп Яйсувду карганы жиберет. Карга талаадагы тарпты чокуп отуруп кечигип калат. Яйсувдунун чыдамы кетип көгүчкөндү жумшайт. Көгүчкөн ар кайсы жерлерге конуп, бутуна кызыл ылайды жугузуп келип, кабар берет. Яйсувду кечигип келген каргага ачууланып:

– Сен дайыма адамдардын көзүнө суук көрүнүп, өмүрүң коркунучта өтсүн, – деп Кудайдан тилейт. Ал эми көгүчкөндү: – Сен дайыма адамдардын көзүнө жылуу көрүн. Аны менен жанаша жаша. Мен ушуну Кудайдан тилейм, – дейт.

Эң аягында шашпаган жылан соймоңдоп келип Яйсувдуга:

– Кеменин тешигин таап бүтөгөндүгүм үчүн мени ыраазы кылам дедиң эле. Мынакей келдим.

– О, макулугум, эмне каалооң бар. Айт.

– Мага кимдин каны таттуу болсо ошону ырыскы кылып берсең болду.

– Андай болсо мен билейин, кимдин каны эң таттуу экенин, – деп Яйсувду бул ишке чиркейди жумшайт. Чиркей сүйүнгөнүнөн ар кимдин канын соруп жүрө берип, кечигип калат.

– Кирбийген шайтан, эмне мынча кечикти?! Сен билип келе койчу! – деп
Яйсувду чабалекейди жиберет. Чабалекей чиркейди таап сураса:

– Дүйнөдө адамдын каны эң таттуу экен. Ушуну Яйсувдуга айтканы баратам, – дейт. Ошондо адамдын досу чабалекей кайгырып, амал ойлойт да, минтип алдайт чиркейди:

– Э, чиркей, ошол кандын даамы тилиңде калгандыр. Мен да билейинчи, тилиңди сунчу. Чиркей мактанып тилин сунганда чабалекей тилинин жарымын жулуп, жеп коёт. Экөө чырылдашып, бирин-бири кууп отуруп Яйсувдунун алдына келишет. Тилинин жартысынан ажыраган чиркей сүйлөй албай «ыз-ыз-ыз» дей бергенде, Яйсувду түшүнбөй чабалекейден сурайт. Анда чабалекей:

– Досум Яйсувду, чиркей мага жолдо келатканда мындай деди: «Дүйнөдө жан-жаныбар өтө көп экен. Ошолордун баарынын канын сордум эле, эң ширини бака балчактыкы экен. Андан артык кан болбойт деди».

– А чиркей эмне муну мага өзү айтпайт?

– Ал баканын досу, ошон үчүн анткорлонуп, айткысы келбей, калп эле ызылдап атат.

– Анда эмесе жылан чеберим, сенин эмгегиң зор. Айтканыңды эки кылбайын. Сага өмүр бою, укум-тукумуң менен баканын каны, эти насип болсун. Ушуну Кудайдан тилейм, – дейт.

Жыландын чабалекейге жини келип кетет. Себеби, ал баканыкы эмес, адамдын каны эң таттуу экенин мурда эле билчү. Ошон үчүн чабалекейди качырып барып чагайын дегенде, ал уча качат. Жылан аны куйруктан гана тиштеп калган экен. Чабалекейдин куйругу эки ача болгону ошондон…

Ошентип жер бети тазарат. Анда Яйсувдунун гана тукуму көбөйө баштайт. Бирок алар менен Ибилис дайыма бирге. Ал улам кийинкилерге зулумдукту үйрөтө берет. Сегиз жүз жыл жер үстүндө жашаган соң Яйсувдуга Азезил келет. Жанын алмак болот. Ошондо ал Кудайга кайрадан ыйлап кайрылат: «О, кудай! Адам баласын аясаң, анда Улукту Кайлаш тоодон чыгарып, ордуна Ибилисти чынжырлап бер! Сен өзүң жараткан Адам пендең ошондо оңолот».

«Оңолбойт!» – деген жооп келген экен асмандан».

Адилет

* * *

Тагдыр экен, жашы отузга такап келгенге дейре Таштан үйлөнө алган жок. Университетте окуп жүргөндөгү, андан кийин шаардын мектептеринде мугалим болуп жүргөндөгү, жөн деле көп жерлерден таанышып ынак болгон кыздары, келиндери салаадан аккан кумдай мезгил менен кошо изи өчүп кетип атты. Көбүнүн аттарын да унутту. Карт бойдок атанды. «Моссоветке, түнкү көпөлөктөргө барат экен» – деген жаманатты сөзгө да калды. Анын достору «Таштанды үйлөнтүү боюнча комитет» түзүштү. Комитеттеги мүчөлөр жалаң досторунун аялдары. Күн алыс бир кыз же келин менен тааныштырышат. Ал түгүл үйүнө барышып, тамак-ашын ичип, шараптан шыңгытышат. Таштанга жагам деген «талапкер» күнү менен даярданып, жасанып-түзөнүп, акырын сүйлөп, аяр басып отуруп, акыр аягы жыйынтыксыз кала берет. Бара-бара комитетчилердин тааныштыра турган кишиси калбай, өздөрү да жадап бүткөн кезде:

– Сага деги ким жагат, айтчы?! — дешти.

– Баары эле жакты, бирок бири да чекеме жазылбаптыр.

– Андай болсо бар! Алдагы бырышкан чекеңдеги жазууңду окуп алып, анан кел!

Аяштары дал ошентип оюн эмес, чындап эле таарынычын айткан күнү Адилет инисинин айынан «Иэзабель» эврей лицейинде Жылдыз менен биринчи ирет капыстан көрүшкөн. Ошол көрүшүүдө экөөнүн тең көз карашында сыйкырдуу бир ирмем жылт этип өткөн. Бара-жүрө ошол, түпкүлүгү Асмандан, илгеркиче айтканда, ашык болгондорго Көкө теңирден келе турган, табышмактуу көз ирмем өз ишин кылбай койбойт экен. Таштан менен Жылдыз экөө капыстан эле, бирисиз бири тура албай калышты. Экөө жолугуп бир басса телегейлери тегиз, кабактары ачык, жүрөктөрү экөөнүкү бирдей өрөпкүйт, айтарга сөз да бар, күлөөргө күлкү да бар, бу жалган жалаң ушул экөө үчүн гана жаралган сыяктуу. Башка эч нерсенин кереги жок, бардыгы унут, бардыгы тең экөөнөн төмөн, экөөнөн алыс, экөөнө эч тиешеси жоктой. Экөө бардык дүйнөдөн таза жана бийик!

Дал ошондой маанайда Таштан менен Жылдыз «Алтын ажыдаар» ресторанына кол кармаша шайдоот кирип келишти. Теңир күбө, бул асмандан түшө калгансыган бирине бири опокшош эки жашты көрө салган ресторандын кызматкерлери дапдаарып тосуп алышты.

– Куш келиңиздер, – деди жетип келген официант жигит өзгөчө жадырап. Жигитке жооп катары Таштан менен Жылдыз бири-бирине ысык жылмайды.

– Эмне каалайсыздар. Меню мынакей.

– Менин кардым ач.

– Меники андан бетер.

– Мен лагман заказ берем.

– Мен дагы.

– Мен коньяк ичем.

– Мен дагы.

– Мен бүгүн бактылуумун.

– Мен андан бетер!

Таштан нур төгүлгөн каректерин жалжылдатып Жылдыздан көзүн албайт. Жылдыз болсо ээгин кол учу менен таянып, ууртунан күлкүсү кетпей назданып, маңдайындагы жигиттин нес болуп, өзүн тиктегенинен улам зор рахат алып отурду. Ресторандагы ал экөөнү ушул түнү Жылдыздын көп кабат үйдөгү айнектей жаркыраган, тыкан жыйылган, куш жаздыктуу бир бөлмө квартирасы чыдамсыз күтүп жатты…

* * *

Эртең акыркы сабак. Түштөн кийин лицейдин короосунда салтанаттуу тизилиш болуп, окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылат деген күнү Анри Брудный Жылдызды кабинетине чакыртып алды.

– Кириңиз, айым. Маанайыңыз өтө жакшы экен. Көзүңүз мынча эмне нурданат? Албетте мен кубанычтамын. Бирок бүгүн колуңуздан өбө албайм, кечирип коюңуз.

– Эмне үчүн? – деп Жылдыз ажарлана күлдү.

– Себеби сиз менен көзкарашыбызды такташа турган күн келди.

– Анри Абрамович, жүрөгүмдү түшүрбөңүзчү. Акыркы күнү!

– Ооба, тилекке каршы окуу жылынын акыркы күнү ушундай болуп калды. Мынабул сочинение Нарбаевдикиби?

– Ооба! – деди Жылдыз көздөрүн бакырайтып.

Буга сиз эң жогорку баа койдуңуз беле?

– Сөзсүз!

– Нарбаевди отличнике чыгарып, лицейдин сыйлыгына көрсөттүңүз беле?

– Ал татыктуу!

– Анда бул окуучуга кылган өзгөчө аракетиңиз талаага кетти деп эсептеңиз.

Сочинениеси таптакыр жараксыз. Берилген тема боюнча жазылбаптыр. Ушундай деп чечишти.

– Ким?!

– Жюри. Олимпиаданын жюриси.

– Кайдагы жюри, Анри Абрамович? Бул лицейде менден башка эч ким кыргызча билбейт. Сочинение кыргыз тилинде болуп турбайбы.

– Во-во-во. Именно кыргызчаны эч ким түшүнбөйт деп өз билгениңизди жасап коюпсуз. Жюринин мага берген жыйынтыгында сиздин аракетиңиз дал ошондой бааланган.

– Көрсөтүңүзчү?

– Жюринин жыйынтыгынбы? Мынаңыз, айым. Бирок колуңузга бере албайм.

Ушул жерден окуңуз.

– Ушул бир эле абзацбы? Колдору да жок экен, – деди Жылдыз бир барак кагазга көз жүгүртүп, таңкалып.

– А сизге эмне, том керекпи? Хе-хе-хе.

– Мында сочинениенин темасы жөнүндө гана бир ооз сөз экен. Мазмуну, сапаты жөнүндө эч нерсе жок.

– Пардон-пардон. Эң негизгиси – темасы жок болгондон кийин сапаты жөнүндө сөз кылууга мүмкүнбү?

– Сочинениеде темасы да ачылган. Болгону каармандардын аттары өзгөрүп калган.

– Кыскасы мындай, Жылдыз айым. Мен жетекчимин, жюри эмесмин. Ар бир сочинениени текшерип отура албайм. Мен жыйынтык гана чыгарышым керек.

– Кандай?

– Ойлонуп атам. Дегинкиси калыстыктан тайгансыз го. Начар окуучуну би— ринчи орунга чыгарам дегенсиз. Мунуңузду бүт коллектив билип калды. Бул өтө начар белги…

– Нарбаев башында гана жетишчүү эмес. Азыр класстын эң мыктысы. Мугалимдердин бардыгы буга макул деп ойлойм. Анри Абрамович, сиз мени капа кылбаңызчы. Суранам.

Жылдыз мурдагыдай эле жаркылдап күлдү.

– О бали! Сизди капа кылбайын деп дагы көп нерсени атайын айтпай жатам, айым.

– Дагы эмнеңиз бар, Анри Абрамович?!

– Четин чыгарайынбы? Бул өзү опурталдуу, чоң саясий маселе.

– Бүт эле айтыңыз, эгер андай болсо.

– Болбогон нерсени айткыдай мен бала белем, Жылдыз айым. Биздин лицей аты эле айтып турбайбы – еврей лицейи. Кыргызстанда антисемитизм биртоп экенин билесиз. Кээ бир депутаттарыңар ачык эле чыгып атпайбы. Мына ушунун фонунда сиздин Ной пайгамбар жөнүндөгү бүткүл дүйнөгө белгилүү легенданы жокко чыгарган окуучуну олимпке көтөрүп атканыңыз эмнеден шек берет? Түшүнөсүзбү?

– Анри Абрамович, кудай жалгагыр, саясат менен менин башымды оорутпаңыз! Бешинчи класстын окуучусу жазган иште кайдагы саясат?!

– Факт, Жылдыз айым. Кеп бешинчи класстын баласында эмес. Кеп мугалимде, анын көз карашында. Кеп, окуучу ошол көз карашта тарбия алып жаткандыгында.

Сүйлөп жаткан Брудныйдын өңү бузулган сайын Жылдыздын ууртунан күлкү кетпей туруп алды.

– Мага саясий айып тагып атасызбы?!

– Мен айтпайм десем болбойсуз. Ашыкча сөздүн эмне кереги бар? Менин табиятым ушундай, ашыкча сөздү эч каалабайм. Анын үстүнө баары беш колдой түшүнүктүү болуп турбайбы, айым. Туурабы?

– Билбейм, мен эч нерсе түшүнгөн жокмун. Бирок эмне кыл дейсиз мени? Жылдыз кабагын чытып сүйлөдү эле, аны байкаган Брудный заматта бөйпүлдөй түштү.

– Эч нерсе кылбаңыз, Жылдыз айым. Мен ойлонуп атам. Эч нерсе кылбаңыз. Бар болгону, сиз дагы ойлонуңуз… Баса, баса!

Брудный ордунан тура чуркап, кабинеттен чыгып бараткан Жылдызга визиткасын сунду.

– Ойлонуп туруп, кайсыл убакта болсо да телефон чалсаңыз болот. Күнү да, түнү да. Контрагыңыздын мөөнөтү…

Жылдыз аны укпастан кылак этип эшиктен чыгып кетти. Жүрөгү алып учуп, аны Таштанды көздөй шаштырып бараткан. Сыртка чыга сала чөнтөк телефону менен издей баштады. «Обонент недоступен». Номерди кайра кайталаса кайрадан: «Абонент недоступен». Жылдыздын жүрөгү туйлап кетти. «Эмне үчүн недоступен? Кайда жүрөт болду экен?»

Ошол эле учурда Улуттук китепкананын архивинде кагаз тиктеп отурган Таштан кайсыл бир туюму менен Жылдызды издеп, экөөнүн баскан-турганын, өткөргөн таттуу түндөрүн көз алдынан чуурутуп, ишинен алагды.

Таштандын телефон номери ал архивден чыккандан кийин гана алынды.

– Таштан, мен сени издеп атам. Шашылыш сөз бар.

– Каердесиң, Жылдыз?

– Үйдөмүн. Күтүп атам.

– Баратам. Кола? Апельсин?

– Мандарин!

Андан кийин экөө мандариндин ширесин ууртап, тиктешип отурушту. Биринен бири көзүн алгысы келбейт.

– Карап көзүм тойбой атат, – деди Таштан күлүп.

– А мен сени эмнеге тиктеп отурам билесиңби?

– Билсем буюрбасын.

– Ушундай сулуу, бойлуу, күчтүү, акылдуу жигитти Кудай мага чын буюрдубу, же калппы деп тиктеп отурам.

– Бойлуу болсо болгондур, бирок акылында шегим бар ошонун.

– Ха-ха! Сенин акылың Адилетке жугушуп, ошонун азабын дагы тарта турган болдук окшойт. Мен чындап кайгырып атам, Таштан. Биздин «абрамдын» бүгүнкү мага айтканын эмне кылабыз эми?

– Мен түшүндүм, Жылдыз. Ал еврейчиктин ою такыр башкада окшойт. Би ринчиден: Адилет отличник деген күбөлүк албаса кейибе. Тибетте ага карабайт.

Баланын билимин алар өзүлөрүнүн тести менен башкача текшеришет. Экинчиден: Абрамовичти мен жок кылам.

– Кой! – деп Жылдыз чын дилинен күлдү. – Ал бечарада эмне жазык.

– Бечара эмес ал. Лицей ачкан кожоюн да бечара болчу беле. Эгер менин тилимди алсаң, азыр аны текшерип көрөлүбү?

– Кантип?

– Сага визиткасын берген турбайбы. Телефон чалып көрсөң.

– Эмне деп?

– Ойлондум де. Жолугушалы деп көр. Эмне дээр экен ал моромой.

– Макул дейт да. Ал ошону күтүп атпайбы.

– Макул десе баралы. Көрөлү.

– О, бул коркунучтуу вариант. Мен андай авантюрага бара албайм. Андан көрө мындай, Таштан. Эртең лицейге баралы да, Адилет бешинчини бүттү деген документ алалы. Жылдык баалары ансыз деле жаман болбойт. А мен болсо лицейде иштебейм деп арыз таштап кетем Брудныйга. Ансыз деле контрагымдын мөөнөтү бүтөт.

– Адилет экөөбүздүн айыбыздан дагы бир жолу кызматсыз каласыңбы?

– Табылат.

– Контрагың качан бүтөт?

– Бүттү уже. Бир эле окуу жылына болчу.

– А Брудныйды эмне кылабыз?

– Ал жашай берсин.

– Ага бираз муштум жыттатып койсомбу деп турам.

– Кикбоксингчилер муштумсуз сүйлөшө албайсыңар ээ?

– Муштум эркектердин эң түшүнүктүү тили. Котормочунун кереги жок. Унчукпай бир эле урганда бардыгы тең, еврей да, негр да, папуасың да дароо «түшүндүм» дейт. «Дагы сурооң барбы» десең, жок, бардыгы «окей» дейт. Кыска жана нуска тил!

– Еврейлер мушташпайт болуш керек. Интеллигенттер да.

– Аның чын. Алар көбүнчө «башы» менен мушташышат. Бирок мобул «эл аралык тилди» да жакшы түшүнүшөт. Акыл бар да.

Таштан муштумун түйүп столго таштап койду. Жылдыз жигиттин таштай катуу муштумун кармалап кызыкты:

– Ой-бой, бул тийсе «Абрамович» өлүп калбайбы.

– Өлбөйт. Бирок гарантия толук болот да. Экинчи сага сугун артпайт. Телефон чалып көрсөң, текшерели.

– Анын жообу белгилүү. Ошон үчүн чалбай эле коёюнчу.

– Анда дагы бир гарантия бар, экөөбүз ажырабас үчүн.

– Кандай?

– ЗАГС…

– Ау! Мына бул толук гарантия!..

* * *

Кандуу кырсык капыстан болду. Эртең буйурса деп Адилеттин Тибетке окууга кетишин атасы Саламат менен макулдашабыз деп атышкан. Түшкү тамактын убагын мелжеп да коюшкан. Саламат менен таң эртеде сүйлөшүш опурталд кечкисин да тобокелге салышка болбойт, анткени кечке дейре кимдир бирөө анын кыялын тескери айлантып коюш мүмкүн. Ылайыктуусу эле түшкү дасторкон. Эгер Айзада ниетин коюп тамак жасаса, Саламаттын көңүлүн төлгөчүдөй эле таап коёт. «Охоо! Бу кайдагы катып койгон маймантууң, ыя байбиче?» – деп андайда Саламат жайдаңдай түшөт. Дал ошону кылмакка кам урган Айзада кечтен баштап эле кыртыштуу, майлуу эттерин муздаткычтан чыгарып койгон болчу. Шектүү дүбүрт Тараза жылдыз капталга оогон кезде, болжолу түнкү саат төрттөр чамасында угулат.

– Ай, Саламат! Сыртты карачы!

– Эмне?!

– Дүбүрттөп атат.

Кулагы катураак болгондуктан Саламат дүбүрттү уккан жок. А «катын укса каңшаар угат» дегенсип, шашпай кийине баштады.

– Таштан дагы келген жокпу? – деди ал аялына.

– Түнкүсүн иштеген неме кайдан келмек эле. Чыкчы батыраак! Эмне балакет болуп атат деги!

Саламат тездеди. Бирок короосу жактагы жарыкты күйгүзсө күйбөйт. Шаңгыраган катуу сигналын басса анысы иштебейт. Короодогу итинин кенедей дабышы жок. Телефону да үзүлгөн.

– Мылтык! – деди ошондо Саламат бир шойкомду сезе аялына кыйкырып.

Айзада колуна карматкан мылтык менен бир мүнөттө сыртка жулунуп чыкты. Ай караңгы, жылдыздардын эле ыраакы шооласы үрүл-бүрүл. Короодогу уйлары арканын үзүп дүпүрөп, чочколору күркүлдөп чаң тополоң. Тооктору бир жактан чуру-чуу.

– Айт-аайт! – деп катуу кыйкырды да, Саламат асманга мылтык атып жиберди. Өзү канчалык жан кечти болсо да, малкороого кирип бара албай тартынат. Аңгыча дабыр-дүбүр караандар качып кете баштады. Уурулар экени даана болду. Саламат короосунун тээ алыс бурчу жакты көздөп туруп дагы бир заң эткирди. Мылтык туз менен октолгон болчу.

Түнкү каракчылардын кылганы таңата гана көзгө көрүндү. Ошол кезде ойгонуп турган Адилет да жылаңаяк-жылаңбаш атасынын жанына келип калган. Эки уй мууздалган экен. Биринин эки саны, эки колу жок. Айкүнүнө жете элек музоосу ичинен чубалып сыртта, чылада жатат. Экинчиси али түрүү бойдон тыбырчылап, бирок бир саны жок. Каракчылар тирүүлөй кесе качышкан экен. Саламат бычагын алып уйду мууздай салды.

– Балаңдын боорун жеп калгыр! – деп Айзада чылада жаткан музоонун өлүгүн өйдө алып, самандын үстүнө койгучакты Саламат кыйкырды:

– Жолобогула! – деди ал катын-баласына. Издерди тепселебегиле! Азыр милийса келет.

– Ата, Рем кайда?

– Өлүп жатат тигинде.

– Адилет атасы баш экчеген жакка жүгүрдү эле, Саламат колдон алды.

– Милийса келсин, анан кийин көрөсүң. Инеңдурайын Сансызбайдын кылганы! Анын мен эми башын кесип, көтүнө тыгам! Жеңи жулунуп Ремдин оозунда калыптыр.

Жарык киргендиктен атасынын купкуу болуп калчылдаган түрү, чанагы сыр тына чыгып чакчайган кыпкызыл көздөрү балага даана көрүндү. Аңгычакты уй короодогу, огороддогу кан-жиндин баары көзгө даана ачылды.

– Ата! – деди Адилет боюн токтото албай солкулдап. Сансызбай байке ушинттиби? Ал биздин тууганыбыз да.

– Тууган болгонун энесин с…

– Жеңин кантип тааныдың, ата?

– Бир эле чириген сары курткасы бар. Бүт эл тааныйт!

– Үйдөн келип сүт алып кетчү эмес беле. Ошондочу, баарын пландаштырган турбайбы, ал акмак! – деди Айзада көзүнүн жашын эки алаканы менен улам жанып. Так кана сонун уйларымды мууздаган тура. Мууздалып калгыр десе!

Күн шашкеде милийсалар келип шашпай ишин башташты. Алардын эң эле негизги жумушу ууруну кармаш эмес, протокол толтурмай окшоду. Экөө короону, огородду тинтип, маалымат айтып, бирөө көчүгүнө отургуч коюп алып, шашылбай жазып атты.

Ошол кезде, чоңдордун бири да байкабайт, атасынын октолуу мылтыгын көтөрүп алып Адилет Сансызбайдын үйүн көздөй кетип баратты. Баланын нервдери таштай түйүлүп, көз көрүнөө болуп өткөн ырайымсыз жорукка, дегеле бул түбүң түшкөн адилетсиз дүйнөгө эт жүрөгү келише албай туттугуп, көзүнөн жаш куюлуп жүрүп отурду.

Сансызбайдын үйү жүгөрү өскөн жашыл тилкенин аркы өйүзүндө эле. Адилет өз боюнан бийик жүгөрүнү аралап өтүп, тууганынын үйүнүн тушунан чыкты. Мылтыгын көтөрүп алдыны карайын десе көз жашы жолто. Бала он алтынчы оор мылтыкты ташка жөлөп коюп эки мушу менен эки көзүн сүртүп аткан кезде кандайдыр арт жагынан үн чыккандай болду. Караса боз ат минген, ак сакалы жайкалып төшүнө түшкөн бир карыя турат.

– Балам, сен бирөөнүн канына забын болгону баратасың. Зулумдукту зулумдук менен кайырбайт. Тарт кайра.

Адилет карыяны бир карап, мылтыгын бир карап тургуча ары жактан ит үрөт. Бала мылтыгын шашылыш жерден алып кайра кылчайгыча атчан карыя жок. Өзү жок болгон менен табышмактуу карыянын жоодар үнү Адилеттин көкүрөгүнө кадалып калыптыр. Ал нес болгонсуп көпкө дейре Сансызбайдын үйүн карап турду да, алга жыла албай артына кылчайды…

Ошол түнү баланын аруусу кармады. Мурда дегеле мынчалык кармачу эмес. Тиштери сынбасын деп кайыш тиштетип, колдорун атасы менен энеси экөөлөп кармап, зиркилдеген тулку денесин жууркан менен кошо басып, түнортосу оогончо кудайга жалынып чыгышты. Акыры бала эси ооп, кара терге түшүп, кыймылсыз сулк тынчыды.

– Кудай ай, кудай! Баламды мынча эмнеге кыйнадың?! – деп Айзада көз жашын көл кылып, бирок кан жуткансып үнүн чыгарбай күйүткө малынат. Мурда эч качан мындайды тоготуп көрбөгөн Саламат болсо бу сапар эмнегедир үн жок, сөз жок соксоюп, кадимкидей алда-немеден чочуп отурду.

Саламат «менин гана пикирим туура, меникинен башканын бардыгы жаңылыш» деген жигиттерден. Ошенткен көктүгү, доюрлугу көп убакта өзүнө муш, бирок дагы эле моюн бербей келет. Анткен менен мынабул Сансызбай тууганынын кылганы Саламатка катуу тийди. Мындай мыкаачылыкка тууганы эмес, кыл чайнашкан дашмандын да колу бармак эмес. Тирүү малдын буту-колун кесе качат деген адам тарыхында дегеле болуп көрдү бекен?! Кыргыз ушуга жеттиби? Же бүт эле жер шарында Адам ата балдары кедерине кеттиби? Баласы энесин муунтуп өлтүргөн заман акыр заман болот дечү эмес беле. Ошол келдиби ар бир үйгө сагаалап. Күнү-түнү чочкосу менен алпурушуп жүргөн Саламаттын оюна ушулар капыстан келгендиктен бир нече күн ал нес болуп, жер тиктеп калды. Такыр буркан-шаркан түшкөн жок. Сансызбайды өзү басып барып бир мерте көк челек кылып тепкилемек болду эле, милийса алып кетиптир дегенди угуп, барган жок. Андан кийин негедир үңкүйүп, унчукпай калды.

А баласы Адилет сезгенип ооруган күнү ал кадимкидей үрөйү учуп чочулады. Бүт аалам, ал түгүл кандайдыр бир белгисиз күчтөр ага каршы туруп калгандай сезилди. Өзү даана түшүнбөгөн бүдөмүк сырлар анын үшүн алып, катуу саруулатты.

* * *

Бул үйдөгүлөр бүгүн дагы таң атпай , төшөктөн тура элек жатып эле чырчатакка камдана башташты.

– Инеңди урайын! – деди Саламат ала мышыгын апчып ыргытып, – деле менин төшүмөн башка жерге жатпайт!

– Айыгасың, бронхитиңе жатып атпайбы! Анын эмнеси жаман?!

– Баарың бүтүп, ушул мышык калдыбы, мени дарылай турган?!

– Айкырба эми! Балаң окууга кетип атканда, жок дегенде бир күн айкырбай турчу!

Түндөтөн бери аялы менен айтышып атып жадаган маселе кайра козголгонго Саламаттын жаны кейип турду. Унчукпай чыгып кетейин десе болбойт. Антсе булар аны макул болгондой көрөт. Ошон үчүн ал түндөгүдөй катуу эмес, алсызыраак бурк этти:

– Оорулуу баламды мен эч кайда жибербейм! – Саламаттын ачуусу келгенде чүйлүсү дүгдүйүп, көздөрү кызарып, таноолору кыпчылып кишини тике качырчу адаты бар эле. Бирок өткөн кырсыктан кийин ал эмнегедир мурдагыдай айкырык салып бирөөгө бетме-бет чыкпай калыптыр. Көбүнчө иниси Таштанга чабуул койчу, бу сапар деле ичинен инисин күнөөлөп турду бардык кырсыктар үчүн, бирок бакырган жок.

Ошого шүгүр кылып иниси Таштан чечкиндүү айтты:

– Жер оошкондо аруусу өтүп кетет. Анын үстүнө дайыма мени менен бирге болот. Жаныман чыгарбайм.

– Ал жердин тилин билбесе кантип окумак эле!

– Англис тилин бала бакчадан бери эмне, бекер окуптурбу?

Саламат эми башка бир шойкомду эстегендей инисине капысынан буркандай түштү:

– Сен муну догдур болот дейсиң. А өзүнөн сурасам башка бирнемени айтып атпайбы. Эмне мени алдайсыңар!

– Өзү эмне деди эле? – Таштан баланы шекип карады.

– Айтсаң каралдым. Өзүң эмне дедиң эле, баякүнүчү атаңа, – деп Айзада баласын кучактап өзүнө тартты.

– Архаттын окуусу дегем. Адилет мурдун жанып, атасын карап койду.

– Аа, – деди Таштан шашылып, – туура, жалпы жонунан «архаттын» окуусу десе болот. Ал – медицина деген сөз.

Иниси чынын айтпаганын Саламат сезип турду, бирок тибет сөзүн түшүнбөгөн соң анын айыбын ача албастан, айласы жок башка дооматка өттү:

– Моминтип ууру кирип чоң кырсык болуп атса, сен мага тирек болуштун ордуна кетем дейсиң. Бир тууган да сендей болобу. Сансызбайдан айырмаң кайсы?! Агасы мыкаачыга теңегендиги үчүн Таштандын өңү сурданып кетти.

– Кой-ай, Саламат! – деди жеңеси чочуп, – оозуңа карап сүйлөбөйсүңбү! Таштан эмне Сансызбай болуп калыптырбы?!

– Анан эмне демек элем. Мага бир тыйын жардамы жок!

– Эми, жардамы жок болсо, окусун да балдар. Мен делечи баламды жанымдан карыш жылдыргым жок. Антейин десең, элдин балдары тетиги эле жердин түбүнө кетип атпайбы. Мобу эле кошунанын кызын карабайсыңбы. Торонто дейби, айланайын! Ошияктан окуп атпайбы!

– Торонто деген Торонто. А Тибетте кайдагы окуу болмок эле?

Байкесинин жийиркенип айтканына Таштан күлүмсүрөп жооп берди:

– Тибетте улуу Мистриянын борбору Шамбала деген жашыруун шаар бар.

Аны мен сизге түшүндүрө албайм. Аны олуя болчу адамдар гана түшүнөт.

– Эмне, эмне?!

– Айтышпагылачы, кудай жалгагырлар. Аны коюп балаңды окутасыңбы-жокпу, ошону айтчы Саламат! – деди аялы.

Саламат мойнун буруп аялын сүзө тиктеп турду:

– А үйдөгү оокатка ким калат! Же мен эле өлөөр өлгөнчө жалгыз тыртактай береймби?!

– Экөөбүз кылабыз! Жетет!

– Эй, катын, айтып коёюн! Эгер ушул экөө Тибет-сибетине барып алып шалаң-шулаң этип, акчаны коротуп кайра келчү болсо, так сени соём!

– Сой-сой.

Айзада жоолугун оңдоп, этегин ылдый тартып, сөз бүттү го дегенсип ордунан турду…

 

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

Катманду. Жер шарындагы асманга эң жакын өлкө делген Непалдын борбору 8-майда «касиеттүү Будданын бул дүйнөдөн кечкен» күнүн белгилеп жаткан болчу. Бүтүндөй Индокитай континенти бул майрамын шаан-шөкөтсүз, ыр-бийсиз, суз белгилөөгө тийиш. Диний зыяпаттар негизинен монастырлардын кулакмурунду кескен тынч, күңүрт жарык, али муздак бөлмөлөрүндө.

Самолёт аэродромдун эң алыскы четине токтоп, жүргүнчүлөрдү ошол жактан автобустарга салып келишти да аэропорттун дал эшигинин оозуна такап түшүрдү. Бардык жерде кокардалуу кара күрөң берет кийген солдаттар. Жүргүнчүлөрдү бура бастырбай, «тирүү коридорлор» менен чубатып, бажы кабиналарына шыкап киргизүүдө.

Адилет аркасына көтөргөн оор рюкзагын улам копшоп коюп, Таштандын артында. Баланын самолёт менен биринчи ирет жол жүрүшү. Ошол үчүн ал учуунун бардык ымыйанын, өзгөчө реактивдүү лайнердин жерден көтөрүлүп, анан кайра конгондогу добушун бүткөн бою менен кантип эсине тутуп калганын азыр жадымында кайталап келатты. Компьютердин экранында өзү канча жолу планета аралык кораблдерди учуруп айдап жылдыздарды аралады, бирок ошонун баары биригип келип самолётко бир жолу чындап түшкөнчөлүк болбойт экен…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

© К. Акматов, 2007. Бардык укуктар корголгон
    © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007

 


Количество просмотров: 9083