Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Байжиев М., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-сентябры

Мар Ташимович БАЙДЖИЕВ

Кылмышка бир секунд калганда

Кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат. Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт.

Байжиев Мар. Аңгемелер жана повесттер. – Б.: 2005 китебинен алынды

 

Оркестрдин дүңгүрөгөн маршынан терезе титирейт. Жез тарелкалар урулган сайын чала ачылган форточканын айнеги аны менен унисон үндөшүп шыңгырайт. Биз жашаган үй Өкмөт аянтынан жүз метр, бетондолгон бийик дувал менен курчалган, астында подвалы бар КГБнын имаратынан жүз метр жерде.

Шаар жазгы күндүн нуруна жаркырайт. Аянтта биринчи Май парады өтүп жатат. Тирбунада – жука сукнодон тигилген гимнастерка, баштарына картуз шапке кийген жетекчилер: жергиликтүү «Сталин», жанында жергиликтүү «Маленков», майда «маодзедунчиктер» колдорун көтөрүп, жылмайып аянттан өтүп жаткан демонстранттарга майрамдык урматсаламдарын билдиришет. «Динамо» спортсмендери, алардын артында «Эмгек резерви», «Большевик», «Түшүм» коомдорунун өкүлдөрү келатышат. Балдар каадасындай трикотаж майка, кара сатин трусачан. Алардын артында тамак-аш өнөр жай министрлигинин колоннасы.

Жүк ташыган машиненин араба прицебинде-чоң стенд. Анда «Сталинге даңк»! –деп жоон колбасалар менен жазылган. Кийинки машинеде «Жашасын ВКП/б/!» – деп шоколад-конфеттерден курулган сөздөр. Ар бир тамгасы кишинин боюндай. Башка машинелерде-жылдыз, орок, балка жана башка символдор. Бардыгы тамак-аш азыктары менен жасалган. Эт комбинаты чыгарган чочконун сүрсүгөн сандары, сосиска, сарделка, койдун, уйдун туш-туш бүкүл эттери кызарат. Диктор алардын эмгек жетишкендиктери жөнүндө кабарлап: «Тамак-аш өнөр жайынын эмгекчилерине даңк»!, «Жашасын бүткүл дүйнөнүн жана Советтер Союзунун жол башчысы , атасы жана устаты Иосиф Виссарионович Сталин! Ур-ра-а!!!» – деп бакырса жер дүңгүрөйт.

«Аа-а!» – деп тамак-аш эмгекчилери үн кошот, гармон тартып борбордук трибунанын алдында бийлешет. Беттери кып-кызыл. Жүздөрүнөн шаттык албырат. Көбү кызуу, Сталинге, турмушка, кудайга ыраазы. Громмофондон орустун частушкасы озондойт:

Римский папа жуунбай,
    Саясатка киришкен.
    Мындай ыплас папаны
    Кандай мама тууду экен?

Трибунадан «маодзендунчиктер» Ватиканга берилген «идеологиялык сокку» жергиликтүү «Сталинге» кандай таасир бергенин байкап турушат. Ал чын дили менен күлөт. Аны көрүп беркилер тим эле боорлорун тытышат. Ошол замат громмофондон дагы бир сокку угулат:

Маршалл түзгөн планды
    Черчилл абдан жактырды
    Окуп берсем итиме,
    Бир күн үрбөй каткырды!

– Ух! – деп бийлейт шайыр семиз аял.

Колбаса цехинин эмгекчилери чирип бараткан капитализмди түбү менен ойрон кылып, трибунадагы кол чабуулардын коштоосу менен аянттан өтүп кетишти.

Эмкиси жибек түрүү фабрикасы. Ар түрлүү жибектер менен «Сталин! Сталин!» – деп жазылган. «Бүткүл дүйнөнүн жол башчысы, атасы жана устаты», эмдиги жылкы биринчи майга жетпей, керезин айтпай о дүйнөгө жөнөп кетерин, ал эми «маодзендунчиктер» үстүнкү трибунадан төмөнкү тепкичке түшөөрүн ким билди?!

Атам Караганда түрмөсүндө. Биз жиберген посылка «ээси табылбады» деген жазуу менен кайта келди. Атабызды башка лагерге которгон экен деп, жаңы кат күттүк. Бирок эч бир кабар келбеди. Мен апамды КГБга барып, Карагандыга арызданып, атамдын дайынын бил дедим. Бирок ал киши негедир ар кандай шылтоолорду айтып арыз жазбай койду. Мен апамдын кенебестигине таарынып, ачууланып, Караганда түрмөсүнүн адресин сурасам, аны бербей койду.

Ал эми кечээ күнү китептердин арасынан белгисиз бирөөнүн мага жазган катын таптым. Катта ал киши атам менен бир лагерде болуп, күнүгө жолугушуп жүргөнүн, арыктап, шайманы кетип каза болоордо / ашказаны ооручу /мага айткан керээзи жөнүндө жазылыптыр. Атам мени адабиятка, дегеле гумманитардык кесипке кызыкпай, инженер-куруучу болсун дептир. «Атаңыз сиздин жакшы, акылдуу адам болуп өсүшүңүздү, апаңызга, бөбөктөрүңүзгө кайрымдуу болушуңузду, тиледи,»-деп жазыптыр. Кат орусча абдан сабаттуу жазылыптыр, сүйлөмдөрдүн курулушу жана ал мага «сиз» деп сылык кайрылганы катты кыргыз эмес, бирок чыгыштык мусулман адам жазганы байкалып турат.

Мен ал адамды көп жылдан кийин таптым. Ал 1937-жылы атылып кеткен өзбектин көрүнүктүү жазуучусу Абдулло Кадырынин уулу Хабибулла Кадыров экен. «Мехроптан чаян» жана «Өткөн күндөр» деген атасынын романдарын сактап жүргөнү үчүн медицина институтунун экинчи курсунун студенти Хабибулла 1942-жылы он жылга кесилип, түрмөдө «коңгуроодон коңгуроого чейин» отуруп чыгыптыр.

Каттагы атамдын керээзин окуганда, жүрөгүм уйгу-туйгу түшүп, көзүмө жаш алып ыйлаганга да дарманым келбеди. Катты кайра-кайра окуп жаттап алдым. Кат саргыч кагазга жөнөкөй кара карандаш менен жазылыптыр, салып жиберүүнүн ыгын көпкө дейре таппай жанына алып жүргөн окшойт, конверттин четтери да сүрүлүп калыптыр. Кагаз бетинде аппак шор тактар – апамдын көз жашы. Катты бүктөп, ордуна салып койдум. Окуганымды апама айтпайын дедим. Эмне үчүн атамдын өлгөнүн менден жашырды? Эмне себептен менин күнүгө тултуңдаганыма чыдап, өзү жалгыз капа чекти? Бул суроону мен апама төрт жылдан кийин, атамдын акталган кагазы менен, каза болгон кабары келгенде бердим. «Сен жакшылыктан үмүтүңдү үзүп, кылмышкер болуп кетеби деп корктум!»-деп жооп берди апам.

Атам 1950-жылы, 10-январда камаккка алынып, Касым Тыныстановдун жолун жолдогон буржуазиялык улутчул, илимий эмгектеринде, окуу китептеринде баскынчы, элге жат Манасты эл баатыры кылым көрсөткөн динчил, реакциячыл Сагынбай менен Саякбайды «залкар манасчылар» деп мактаган. Москвадагы, Ленинграддагы космополит /ата-журтсуз/ еврейлер менен байланышы бар деген күнөө менен 10 жылга кесилип, Караганда көмүр шахтасына айдалган. Менин атам Ташым Байжиев кыргыз професссионалдуу адабияты аяк баса баштаганда биринчи аңгеме, биринчи повесть, пьеса жана сын макалалардын авторлору болгон, орустун, дүйнөлүк классикасын которуп, эне тили, адабият таануу окуу китептерин түзгөн, биз жакка айдалып келген орустун даанышман окумуштуусу Евгений Дмитриевич Поливановдун, кыргыздын улуу адабиятчысы Касым Тыныстановдун шакирти болгон /экөөнү тең 1938-жылы, НКВД атып салган/.

1944-жылы атам Украина фронтунан жарадар болуп келип, СССРдин илимдер Академиясынын Кыргызстандагы филиалында фольклор жана «Манас» эпосу секторун башкарды. Ждановдун докладынын кара тумоо кесепети биздин тоолорду да каптап келди. Жамгыр жаагандын эртеси кыктын үстүнө жабалактап чыккан козу карындай болуп, ошол замат койнунда котур ташы бар сынчылар, өз ара биригишип күпүңдөшкөн адабиятчылар, шартты пайдаланып, ичи тарып көрө албагандарына каршы саясый чабуул башташты. Мындан он жыл мурдагыдай «эл душмандарын» издеп «таба» башташты, пленум, партчогулуштарда жарга такап, гезит-журнал аркылуу жок «күнөөсүн» мойнуна алдырышты.

Атамды камакка өтө сылык, сыпайкерчилик менен алып кетишти десе болот. 1950-жылдын 10-январы, кышкы каникулдун акыркы күнү болчу. Саат түнкү ондордо сырткы эшик кагылды. Атам «Советская этнография» журналынын акыркы номерин окуп жаткан. Мен Джованьолинин «Спартак» романынын акыркы беттерине келип калгам. Иним, эки карындашым балдар бөлмөсүндө небак уйкуда. Апам эшикти ачканы кетти… Эркектердин үндөрү угулду. Апам бат эле кайтып келип: «Кайрат кыл, Ташыке, баягылар келди,» -деди. Атам журналды таштап, чыканактап өйдө турду.

Папкачан орто жашар подполковник, бир майор, бир капитан, жап-жаңы мундирчен узун бойлуу лейтенант, анан дагы кошунабыз дядя Паша – кирип келишти. Подполковник атама камакка алуу ордерин көрсөтүп, кол койдуруп бурчтагы стулга отургузду. Тинтүү башталды. Кол жазмаларды, машинке басылган кагаздарды, атама арнап кол коюлган «Абай» романын өзүнчө бөлүп коюшту. Атама «Изьято у меня при обыске» / «Тинтүү жүргүүзүлгөндө менден алынды»/ деп жаздырып, числосун, колун койдуруп катташты.

Менин потфелмди тинтишип, «Айкөл Манас» деген китепти алып чыкты, кара сөз менен жазылган эпостун титулунда котормочу жана түзүүчү Семен Липкиндин арноосу бар болчу. Жакында эле Семен Израилевич менен Мухтар Ауэзов Фрунзеге келип, биздикине конок болуп, өздөрүнүн китептерин мага белек кылышкан. Липкиндин колу коюлган китепке лейтенанттын мамилесин байкаганда, алар эмне издеп жатышканы түшүнүктүү болду. Атам бул китепке да колун койду.

1937-жылдары «эл душмандарын» камакка алуу одоксон, орой, ырайымсыз жүргүзүлгөнү белгилүү. НКВДнын тергөөчүлөрү, булгары куртка кийген кызматкерлер башкача болсо керек. Азыркылар сылык, ал тургай майордун көзүнөн бизге боор ооруганы байкалат. Атам менен коштошууга уруксаат беришти. Ал уктап жаткан карындаштарымды, инимди, мени апамды өптү. «Кудай сактаса, жакында чыгып келем, менде эч кандай күнөө жок», – деп атам апамдын калтыраган ийиндерин кучактап коюп, сыртка чыкты.

Ушуга чейин унчукпай мурдун тартып, тинтүүнү карап отурган иним жолборстун баласындай секирип барып лейтенанттын бутуна асылып:

– Атамды кайда алып кетесиңер? Атамдын күнөөсү жок! – деп кыйкырды.

Лейтенант инимдин тырмышкан колдорун бошотуп, мага башын ийкеди. Мен инимдин белинен кучактап четке сүйрөдүм, ал жулкунуп:

– Кое бергиле атамды! Атамдын эч кандай күнөөсү жок! Менин атам жакшы! – деп долуланды.

Майор башын чайкап ары бурулду. Апам экөөбүз атамды көчөгө узатып чыктык. Ал жерде жашыл түстүү виллис туруптур. /Бул машинаны мен күнүгө КГБнын жанынан өткөндө көрчүмүн /. Атам апам экөөбүздү өптү. Эски автомобиль шашпай кургак карды кычыратып, 150 метрче жүрүп барып солго бурулду. Темир дарбазанын кулпуларынын калдыр-шалдыры кыштын суук жымжырттыгында кадимкидей угулду. Анан машиненин артындагы эки кызыл жарык,эки кандуу жылдыздай кызарып көздөн кайым болду…

Мен орус мектепте окуйм. Классташтарым көбүнчө жумушчу, аскер кызматкерлеринин балдары. Менин бир түндө «эл душманынын» баласы болуп калганымды эч кимиси билбейт. Окуубуз үчүнчү сменде башталат. Үйгө кеч келем. Эшикти ачкан сайын, каадасынча чай ичип отурган атам мени жылмайып тосуп алат деп ойлойм. Бирок кайдан! ГПУну – «барса – келбестин жолу»-деп илгертен бекеринен айтылбаса керек.

Адабият, илим-билимден алыс, жергиликтүү интелегенциянын арасында:

«Байжиев жашаган үйдүн чердагынан АКШнын аскер күчтөрү менен Сталинге уу берип өлтүрүүнү уюштурган кремлдик еврей доктурлар байланышкан радиостация табылыптыр», – деген ушак тарады. Биздикине келип жүргөн атамдын жоро-жолдоштору, эми биздин үйдү айланып өтүшөт, кокустан көчөдө жолугуп калсаң байкамаксан болуп, же өмүрүндө билбеген сыяктуу мостоюшат. Учурашуудан да коркушат. Апам экөөбүз эч кимге таарынбайбыз. Түшүнөбүз, аларга да жан керек… Бир аздан кийин атамдын досу Зияш Бектенов камалды. Бул жөнүндө пионер бөлмөсүндө Биринчи май майрамына карата акробаттык этюдду даярдап жатканда баласы Эмилден билдим. Бүткүл советтик балдардын досу, атасы Сталин дубалдан мээримдүү жылмаят. Матроска кийген, маңдайында көкүлү бар Светлана атасын моюнунан кучактап, бактылуу балалыкты даңазалайт, Эмиль экөөбүздү шылдыңдагандай жылмайып, бир заматта тирүү жетим болуп калган досум экөөбүздү ого бетер шүмүрөйтөт…

Эмиль досум экөөбүз союлду кармап турабыз, ага эки бала чыгып кол кармашат, алардын ийнине шыпылдаган пакана бала физруктун жардамы менен чыгып пионердик салют берет. Анан баардыгыбыз: «Бизге балалык бакыт берген жолдош Сталинге ырахмат!» – деп хор менен бакырабыз. Жоон сигара тиштеген, чоң курсак капиталисттер зомбулук көрсөтүп, «ку-клукс-клан» кылып тирүүлөй өрттөп, күл кылган негр балдарга салыштырганда , биз чынында эле бактылуубуз, ошондуктан Сталинге чын жүрөктөн алкыш айтабыз. Балдарды кыйнап иштеткен империалисттер Англиянын премьер-министри Уинстон Черчиллдин кейпинде сүрөттөлөт.

Атамдын камалганын мектепте эч ким билбейт дечүмүн. Бирок бир күнү мугалибиз жок, ызы-чуу түшүп жатканда, класска директорубуз Сан Саныч кирип келди, мени көрө калып: «Башкалар тартипти бузса да, сен адептүү болушуң керек,» – деп кекетти. Бул сөздүн маанисин класстагы балдар түшүнгөн жок. Жаагым жап болуп туруп калдым.

Эки-үч күндөн кийин «эл душманынын» тукуму катары бетим толук ачылды.

Классыбыз менен военкоматка барып медкомиссиядан өтүп, анкета толтуруп, өмүрбаяныбыз боюнча маалымат жаздык. Шаардагы эркек балдар окуган төрт мектептин спорт боюнча атандашып жүргөн уландары комиссариаттын короосунда тизилдик. Шыпылдаган капитан ортого чыгып, биз менен подполковник Насибуллин сүйлүшөөрүн жарыялады, да анан эле жин тийгенсип катуу үн менен:

– Аскерге чыкырылуучу Байджиев Мар, бир кадам алдыга! – деп буюрду.

Алдыда турганды ийинге шарт чаап, стройподготовканын бардык эрежеси менен алдыга чыктым.

– Сенин атаң кайда? – деди капитан.

Мен башымды жерге салдым.

– Атаң кайда деп сурап жатам?

Капитан мурдагыдан да кату кыйкырды.

– 1950-жылы январда камакка алынган, – дедим толтурулган анкетаны кайталап.

Артымдагы балдар кыжы-кужу боло түштү.

– Атаң эмне үчүн камалды? – деди капитан.

– Билбейм…

– Сенин атаң эл душманы болуп камалган! Анкетаңды кайра толтур…

Балдар тунжурап калышты.

– Смирр-ноо! – деп бакырды капитан.

Короого бышылдап-күшүлдөп подполковник Насибуллин кирип келди.

– Саламатсыңарбы, жолдош аскерге чакырылуучулар!?

– Сизге саламат тилейбиз! Жолдош подполковник! – деп жооп берди стройдо тургандар.

– Вольно… Бул эмне турат? – деп подполковник мен жакты карады.

– Өмүр баянын туура эмес толтуруптур! – деди капитан.

– А-а, марш ордуңа! – деп Насибуллин үгүт-насаатын баштады.

Анысын мен кайдан угайын… Чыкыйым тыкылдап, тамагым буулуп, көзүмө жаш кылгырды. Балдар мага боору ооругандай карашат. Мен мектеп үчүн, шаар үчүн футбол, волейбол, лыжа боюнча мелдешке дайым катышам. Чоң теннис боюнча Республикалык команданын капитанымын. Шаардагы балдар, кыздар мени жакшы таанышат. №6 мектепте көңүлдүү кечелерди комсомол комитеттин мүчөсү катары уюштурган менмин. №3чү, №28чи №12чи мектептин кыздарына эртең эле менин өмүрбаянымдын жашыруун жагы белгилүү болуп, «эл душманынын» бечара баласына жалоорушат. Эми кантип стадионго чыгам? Мектептеги кечелерге кантип катышам? Тапанчам болсо капитанды жайлап туруп, өзүмдү чыкыйга атмакмын.

Калжаңдаган солдафон беш жүз баланын ичинен менин анкетамды кандайча таап алды? – деп ойлоп ал түнү таң атканча уктаган жокмун. Эмне үчүн Эмиль Бектеновдун анкетасын айткан жок? Биздин фамилиябыз «Б» дан башталып, дайыма катар. Анкетаны толтурганда экөөбүз кеңешип, бирдей жазганбыз. Айырмасы менин атам 1950-жылдын январында, анын атасы 1950-жылдын май айында камалган. А-а, баса! Корообузда 1950-жылдын 10-январында биздин үйдө болгон окуяны билген улгайган медсестра жашачу. Медкомиссияга келгенде мен ошол аялды көрүп уялып кеткем, анткени ал жерде доктурдан-доктурга энеден туума жылаңач барасың. Мүмкүн ал менин оңтойсузданганымды өзүнчө түшүнүп, анкетамды карап көрүп, капитандын көңүлүн өзүнө буруш үчүн мен жөнүндө айткандыр. Капитан жанагыдай акмак иш кылаарын кайдан билсин. Эртеси мен кошуна медсестра менен саламдашканда, ал кечирим сурагандай жер карады.

Мурдагы күнү үйүбүзгө контролер-электрик келди, счетчикти текшерип, эсептеди да башын чайкап электрди кесип кетти. Шаарда керосин лампа унутулганы качан! Согуш жылдары айылда жарык берген шамды эстөөгө туура келди: пахтадан билик жасап, чыныны көмкөрүп, үстүнө суу май куйдук.

Караңгы киргенде үлпүлдөгөн чыракты тегеректеп отурабыз.

Апам биздин эскирип, кыскарып, жыртылып бараткан кийимдерибизди жамаачылайт, атамдын шымдарын мага узартат, меникин иниме кыскартат. Анда-санда көзүнөн жаш мөлт дей түшөт. Иним эрежелеп сабагын жаттайт. Мен китеп окуйм, сүрөт тартам, орусча ыр жазам, же болбосо жөн гана жалдырап отура берем…

Апам ооруканада бир топ жатып калды. Ага эч ким барбайт. Биринчи күнү мен эптеген тамак киргиздим: бир булочка, куурулган картошка, андан кийин эч нерсе таппай куру кол барып жүрдүм. Терезеге келип апамды чакырам, ал башын көтөрүп жылмайып, үйгө барып бөбөктөрүңө көз бол дегендей белги берет: менин куру кол келгениме уялат.

Үч күндөн бери оозубузга наар албай ачкабыз. Айла кетти. Бүгүн сарайдан майдын, шампанскийдин бир нече бош бөтөлкөлөрүн таап, жууп, дүкөнгө өткөзүп, базардан картошка алып бышырып, эзип, туздуу сууга аралаштырып, ар бирине бир кашыктан бердим – эртең мененки тамак ушу болду. Түштө кур жалак – кечинде бир чыныдан куру чай ичтик. Согуш жылдары мени ачарчылыкка дурус эле көндүргөн экен…

Биздин үйүбүзгө баягы кырк үчүнчү жылкы ачарчылык кайрадан келди окшойт. Ага катышкан каармандар бир аз гана өзгөрдү. Маркум Жайсаң -эненин ордуна бөйтөйгөн карындашым жаралды. Ал илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын ачылышына арналган той өтүп жаткан күнү төрөлгөн. Жанында отурган илимий кызматкердин бүгүн кыздуу болгонун, академик К.И.Скрябинге кимдир-бирөө шыбыраптыр. Константин Иванович бокал алып, солдоюп ордунан туруп, көкала сакалын сылап: «Кыргыз илимдер академиясынын түзүлгөн күнүндө кыргыз кызы туулганы бул жакшынын шарапаты, ал кыз сөзсүз бактылуу болуш керек!» – деп тост көтөрүптүр… Жер үстүндө жаз жаркырайт. Терезени сирендин жаңы ачылган гүлдөрү черткилейт. Аянттан кубанычтуу кыйкырыктар, барабандын дүңкүлдөгөнү,шаңдуу марш угулат. Кызыл желекче кармаган балдарын ийинине көтөргөн эмгекчилер мээримдүү жылмайышат. Сыртта : Эмгек! Тынчтык! Май! Биздин үйдө: Кайгы! Ачкачылык! Жетимдик!

Драмтеатрда атам которгон А.Островскийдин «Сепсиз кызы», К.Треневдун «Любовь Яровая» деген спектаклдери аншлаг менен жүрөт. Афишада котормочунун фамилиясын алмаштырып коюптур. Котормону да өзгөрткөн экен деп театрга жашыруун бардым. Текст баягы атам которгон бойдон экен, пьесаны которгон К. Жантөшев деп коюптур. Касымалы абам менен бир айылдык, жакын тууганбыз, атам экөө бала кезинен чогуу өскөн. Спектаклден түшкөн акчанын жок дегенде жарымын берер – деп апам үммүтөндү. Бирок андай болгон жок…Ал киши бизге катташкандан коркту окшойт…

Балдардын туулган күнүн белгилебеген, жаңы жылды тоспогон, мейман чакырбаган түнт, өзү менен өзү жашаган, чык таттырбас үй-бүлөлөр болот. Балким мындай үйлөрдө жалгыздык өткөрүү да жеңилирээк болсо керек. Бирок биздин үйдө дайыма чуру-чуу, ыр, күлкү көңүлдүү отуруштар болуп турар эле. Манасчылар, артисттер, жазуучулар, туугандар үзүлбөйт. Атам мүнөзү ачык, жайдары, жөнөкөй бардыгына жагымдуу адам эле. Кайда барбасын тегерегинде анекдот, куудул сөздөр, шаңдуу күлкү. Үнү да уккулуктуу, кадимки профессианалдуу ырчылардан кем калышпайт. Жаш кезинде педтехникумду чогуу бүткөн СССРдин эл артисти Абдылас Малдыбаевди: «Сенин жолуңду тоспойун деп артист болбой калдым», — деп тамашалачу. Иши кылып ак сөөктөрдүн майрам, шерине,отуруштары ата-энемсиз өтчү эмес. Эми болсо атамдын достору мен чоңоюп, таптакыр таанылбай калгандай мамиле кылышат. Салам берсем, алик албайт. Коркушат. Алар мага достукту, жакшылыкты унуткан чыккынчыдай көрүнөт, ичим күйүп, кыжырым келет, Максимовдун пулеметун чердака орнотуп көмкөрөмөн жатып алып, Чапаевдин Петькасындай болуп лентасы түгөнгөнчө тытыратып аянттагыларды кыргым келет, же болбосо чып этме мылтык алып, үйдүн үстүнө чыгып, эки пачка патронду жаныма коюп, трибунадагыларды бирден чекеге «чертсем» дейм. Керек болуп калабы деп, стадиондогу «стрелковый секцияга» катышып, спорттун экинчи разряддагы нормасын аткардым.

Биздин короодо бир кыз жашайт. Буттары ичке, түп-түз, моюну узун, үнү назик, көздөрү ачык асмандай көп-көк, тунук. Үйдөгү сабактарымды тезирээк бүтүрүп, короого чыгып, китеп алып отура берем. Анын назик келбетин, шыңк эткен күлкүсүн күтөм. Ал көрүнгөндө жаратылыш аны менен толгондой болуп, бүт-дүйнө башкача көрүнөт. Экөөбүз болор-болбос нерселерди сүйлөшүп, бир нече саат короодогу скамейкада отура беребиз.

Атам камакка кеткен түндүн эртеси скамейкага келип кызды күттүм. Ал үйүнөн тез эле чыгып жаныма келип унчукпай отурду, салкын алаканын менин колума койду. Мурда мындай болчу эмес. Экөөбүз өмүр бою бирге болобуз деген кыял мыкчылап турган жүрөгүмдү лакылдатты. Апасы үйүнө чакырып кеткенче үн катпай отура бердик. Бирок эртеси негедир келген жок. Үчүнчү күнү мектептен келерин күттүм. Суз учурашып, жаныман өтүп кетти. Атасы милициянын майору, Республикадагы түрмөлөрдүн начальниги болчу. Кайсы түрмөгө ким түшкөнү жөнүндө алибетте маалыматы бар, кызына атам кандай күнөө менен камалганын билдирген окшойт.

Кийинки күнү ал нанга баратканда алдынан тостум.

– Сага эмне болду? Мага таарындыңбы?

– Жок, – деп тунук көздөрү менен жалт карап жаныман өтүп кетти.

Анын узун кирпиктери тикенектей көрүндү. Жүрөккө бычак жегендей туруп калдым. Чөнтөгүмөн папирос алып, ширеңке чагып эч кимден жашырбай, ап-ачык тарттым. Тулку боюмду кармап турган омурткам карс этип сынып кеткендей болду. Учу кыйыры жок көгөргөн асманда канаты кыйрап аэродинамикасын жоготкон самолеттой калдаңдап жерди көздөй кулап бараттым. Дүйнөнү эки жүздүү чыккынчылар каптап кеттеби!? Кимдир бирөөнүн алп колдору мени көк шилимден ныгырып, тагдырдын нар көтөргүс жүгүн өлжөйгөн арык ийиндериме жүктөгөндөй болду. Мен ал салмакты көтөрө албай ийилип, барган сайын жерди көздөй жалпая бердим…

Атамдын өлгөнүн билген күнү кечинде эптеп беш сом таптым да «Московский» деген арактан 125 граммды, көзүмдү жуумп туруп тартып жибердим. Азыр биринчи майдын дүңкүлдөгөн шаңдуу маршын угуп жатып: бир бөтөлкө арак болсо оозунан тынбай жутуп, эсиме келбей өлгүм келди. Кечээ кечинде классташтарым Толик Соловьев менен Толик Новиченко компанияга чакырып келишиптир. №28 мектептин кыздары: майрамга карата балдар он сомдон, кыздар беш сомдон чыгарып чогулалы дешиптир. Он сомду кайдан табам? Мен аякка кетип калсам бөбөктөрүм кантет? «Туугандарыбыз чакырды», – деп орус балдарга калп айттым. Алар бир аз жер тиктеп турушту, ахвалымды байкашты окшойт. Компанияга барбай койгонумдун себеби, акчанын жоктугу гана эмес. Эки жылда боюм теректей узарып, атамдан калган кийимдер мага кыска болуп калды. Шымдын багелектерин бир нече жолу узарттым, кашаты киндигиме келди, сол жамбашымда төгөрөк жамак, аны жабыш үчүн ийиндери ыдырап сөгүлгөн свитеримди алама чейин чоем. Бутумда кышында кийген кийиз чокой. Кудайдын жазы да мага эрегишкенсип быйыл чукул келди. Күн ысык. Бардыгы жайкы кийимчен. Кыздар «пильдеперсовый» байпак, такалуу туфлилерин кийип койкоңдошот. Мен алар менен вальсты кийиз чокойчон бийлейинби? Белгилүү жазуучунун, окумуштуунун уулу экенимди бардыгы билишет. Эми минтип кийгеним жамачы шым,үлдүрөгөн свитер, бутумда майрыйган кийиз чокой, бөбөктөрүм менен кезерип ачка отурам. Буларды ойлосом ичимен кан өтөт. Бүт аалам, адамзат мага душман, кара ниет. Адилетсиз. Мыкаачы. Ырайымсыз. Бардыгын талкалап, кыйратып өчүмдү алгым келет. Урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппайм. Тиштерим кычырайт. Апам атамдын өлгөнүн менден жашырып жүргөнү бекер эмес көрүнөт. 1952-жылдын Биринчи май майрамын мен ушундай абалда тостум…

Парад бүттү. Дүңкүлдөгөн марштын үнү өчтү. Бакылдаган диктордун жаагы жап болду. «Жашасын эле жашасын! Сталин эле Сталин!», – деп бакыргандар балдарын жетелеп, балмуздак жеп, семичке чагып шашпай, дампайып басып жүрүшөт… Алма гүлүнүн жыты буркураган, таттуу нектар соргон аарылардын ызылдаганына толгон, күндүн нуру төгүлгөн короого чыктым. Кичи карындашым– Алтын БКнын биринчи секретарынын жардамчысынын кызы Наташа менен скамейкада куурчактарын тегерете отургузуп бири-бирине «конокко» барып ойноп отурушат. Орус кыз кагаз баштыгынан чоң кызыл алма алып, ак ширесин чачыратып, карс этире тиштеп, эки уурутун толтура апылдатат. Аны көргөн карындашым шилекейин жутуп:

– Сага бул таттуу алманы ким берди? – деп сурады.

– Атам жумушунан алып келди. Мына, – деп Наташа колуна шар көтөргөн көк юбкачан кыздын сүрөтү бар кагаз баштыкты көрсөттү.

– Мында шоколад да бар. Жейсиңби?

– Жок. Мага да атам жумушунан ушундай белек алып келет, – карындашым башын төмөн түшүрүп, мурдун тартып, көзүнөн жашын аарчыды. Бечаранын шоколад жебегенине канча болду! Кайсы ата? Кайдагы белек?

Уудай ачуу, кайнактай ысык кан жүрөгүмдүн толтоосуна куюлуп кеткендей болду. Буулугуп, демим кыстыгып көзүмө жаш кылгырды. Атасы белек тургай, өзү да эч качан келбесин бечара наристе кайдан билсин!? Мурдагы жылы Наташанын атасы шефинин столуна МГБнын министри: «эл душманы табылды, камакка алууга макулдук бериңиз», – деген докладын койгондо, анысы көз ирмебей «макулмун» деп колун койгондо, Кыргыз академиясы түзүлгөн күнү төрөлгөн ымыркай, «эл душманынын» кызы болуп, эки жылдан кийин жетим каларын ким билди! Карындашымдын оюнчуктарын жайнатып, үйгө киргизип, эч жакка чыкпа деп эшикти ичинен бекиттирдим.

Темир торго камалган аюудай төрт тамдын ортосунда урунуп, беринип, албууттанып, таңыркаган инимдин көзүнчө папиросту биринин артынан бирин тарта бердим. Караңгы киргенче бир айла табыш керек. Кечинде үйүбүздөгү көрүнүштү элестеттим… Досторум кымча белдүү көйнөк, жибек сарафан кийген татынакай кыздар менен бийлеп, кызыл винодон ууртап, шаарды кыдырышат, шыңкылдап күлүшөт, сирендин жыты балкыган бакта отуруп фейерверктин отторуна суктанышат. Бүт дүйнө жаз майрамына шаттанып, жыргап жатса мен ачкасынан үңүлдөп ыйлаган иним, карындаштарым менен күңүрт күүгүмдө кебез биликтин үлпүлдөгөн сары жарыгын тиктеп отурамбы? Ашканага бардым. Жыгач саптуу чоң бычакты курума кыстардым. Сыртка чыктым…

Күүгүм кирип калыптыр. Мамыдагы электр лампалар күйө элек. Панфилов паркындагы бий аянтта музыканттар инструменттерин күүгө келтирип, текшерип жатышат. Бир аздан кийин бул жерге жаштар чогулат. Майрамдуу бий башталат. Баары жасанып келишет. Жигиттер ботинкаларын жалтырата майлап, чытырата үтүктөлгөн, багалеги кенен клеш шымчан. Кыздар сыйкырлуу жылмайып шыңкылдашат. Балдар «көңүлүн көтөрүп» бир аздан сеп этип алышкан. О, май майрамың менен куруп кал! Мени тебелеп, кандай абалга жеткирдиң!

Бирок шашпа! Мен да майрамдайм! Менде да акча болот! Кант, май,нан сатып алып бөбөктөрүмдү тойгузам, майрамдатам. Өзүмө бир бөтөлкө «Черная смородина» деген вино, «Казбек» деген чоң пачке папирос алып шаттанам. Мелт-калт стаканды тартып жиберип, төрө папирос чегем. Бардык кайгы-капам унутулат. Кубанычтуу элестер келет. «Раковая шейка» деген конфеттен бир кило алып классташтарым чогулган, эже-сиңди Мигуновалардыкына кирип барам…

Шапкемди көзүмө түшүрө кийдим. Көчө ээн. Кыйшайта шляпа кийген, костюмчан адам көрүндү. Мындай неменин акчасы болот. Бычакты бөйрөгүнө такайм. «Келе акчаңды! Бербесең, бышып салам!». Чөнтөктөрүн аңтарып, тазаламайынча бычакты бөйрөгүнөн албайм. Жок, муну башкача иштеш керек! Шаарда амнистия менен түрмөдөн чыккандар көп. Алар автобус,троллейбустарга кирип жанына отургандын бооруна учу курчталган отвертка такап, чак түштө саатын чечип, акчасын тартып алса да тиги бечара коркконунан кыңк этпейт экен.

«Мы из Кронштадта» деген кинодогу балтикалык матросту туурап бычакты жеңиме катып алдым. Киши өлтүрүүгө барбайм дечи! Балдар менен мушташканда жеңилип калсам да колума таш алчу эмесмин. Бычакты күрсөтүп: «Эй, байкеси, саатыңды, акчаңды мага берчи. Алар сага жарашпайт экен!» – десем туура болор.

Мен мындай жолугушууну ичимен репитиция кылганча, тиги киши жакындап калды. Үстүндө жап-жаңы тройка костюм, мойнунда жаркыраган жашыл жибек галстук, чөнтөгүнөн сааттын күмүш чынжыры салаңдайт, төшүндө Кызыл Жылдыз ордени, медалдардын планкасы. Демек бул фронтовик. Мага анысы эмне?! Мага акча керек!

Эки жагымды карадым. Эч ким жок. Аралыгыбыз беш кадамдай.

Ийинимди силктим. Алаканыма бычактын сабы келе түштү. Тиги киши мага бетме-бет келди. Демим тартылып, апкаарып шилекейимди жуттум. Аңгыча тиги жаныман өтүп кетти. Кууп жетейин дедим. Бирок алдыдан чуулдаган компания чыгып калды… Каа-ап! Бул жер андай ишке ылайыксыз окшойт. Панфиловдун эстелигине келгенимди өзүм да байкабай калдым.

Москваны фашисттен коргоп калган легендарлуу генерал өзү курман болоордо колун сунуп, дивизиясына акыркы буйругун берип турат. Айкелдин артына бардым. Бул жерден шып чыга калып, ишти бүтүрүп, паркка кирип жоголуп кетсе болот.

Аа! Мына! Дагы бирөө келатат. Көк костюмчан, бир аз кызуу. Костюму куду менин размерим. Колго тигилген күрөң батинкеси кычырайт. Мындай немени карактап коюу оп-оңой. Бычак менен коркутуп эстеликтин артына жетелеп, чөнтөктөрүн карала каптай кагып, кийимдерибизди алмаштырам: өзүмдүн эскимди ага кийгизип, анын жаңы костюм, туфлийин мен кийем…

Опей! Ал түздөн-түз мага келе жатканы эмнеси? А-а, түшүнүктүү! Далдаа жерге заарасын ушатат. Ушул жерден жайлайм. Чала мас жүлжүйүп: И,ишиңди бүтүрдүңбү? -дегенсип көзүн ымдап коюп, далдаага басты. Ишин бүтүрүп, селт-селт титиреп коюп, алаасын топчулап мени көздөй келе жатат. Азыр. Бир… Эки… Бычагымды даярдап бир кадам алдыга жылдым. Так ошол учурда килейген тегерек бөлкө нан алдыма келип түштү. Кудай ур! Бул нан кайдан түштү? Башымды көтөрдүм. Жол менен бир жарым тонналык үстү ачык машине баратыптыр. Кузовдо чоң таразаны кармаган ак халатчан аял. Кайсы бир ашкананын буфетчиси болсо керек…

Нанды ала коюп көкүрөгүмө кыстым. Жыпжылуу нан экен! О-о, кудай! Көргөнүмө ишенбей көзүмдү жумдум. Баса, бычагым бар эмеспи! Бир кесип жегим келди. Колум барбады. Үйгө алып барам… Ачка отурган бөбүктөрүм менен… шашпай… чай менен… Чыкыйым саатай чыкылдады! Менин колумду кылмыштан тартыш үчүн бул нанды Кудайым өзү алдыма ыргыттыбы? Балким, абакта кыйналып жүргөн атамдын арбагы түрмөдөн качып чыгып колумду күнөөдөн бурдубу? Же болбосо Москваны коргоп курман болгон Кыргызстандын жигиттеринин генералы Панфиловдун мага берген буйругубу? Башымды көтөрүп, Иван Васильевичтин бетон жүзүн карадым. Даңктуу комдив каадасынча колун созуп акыркы буйругун берип турат…

Алдыман адамдар өтүп жатты, бирок мен эч кимди байкабай, жыпжылуу нанды кучактап келе бердим. Көзүмөн жаш шорголоду…

Бала кезди эстесем,
    Көзүмө жаш албадым.
    Эми эч бир уялбай
    Шолоктоп мен ыйладым
    Азыр мени ким көрмөк?

О, Кудайым! Мындан жүз жыл мурда орустун улуу акыны Михаил Лермонтов бул саптарды мен жөнүндө жазганбы?!

Жок, мен жалгыз эмесмин. Биз экөөбүз: бирибиз-ачка, ызаланган, бардык адамзатты жек көргөн, он жетидеги «эл душманынын» баласы жылуу нанды кучактап, ыйлап келе жатат. Жанында акылдуу, күчтүү, токтолгон жигит кичүү инисин ийининен кучактап: «И-и! Турмуш кыянатын жеңдиңби? Азаматсың! Эми сен жашайсың! Сенин атаң сенин дитиңде тирилип, сенден жаралган неберелеринде жашайт. Адамдар акыры чындыкты билет, атаңдын арбагына сыйынып таазим кылат. Сен адилет үчүн күрөш! Чындык үчүн жашагын!» – дегенсийт…

Жашоомдун кудурети – ошол максат…

1985-ж.

 

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Байжиев М., 2005

 


Количество просмотров: 2255