Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Байжиев М., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-сентябры

Мар Ташимович БАЙДЖИЕВ

Бир кемпир

Кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат. Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт.

Байжиев Мар. Аңгемелер жана повесттер. – Б.: 2005 китебинен алынды

 

Ак чокулуу улуу тоолордун кең коктусунда, калың карга белчесинен баткан чакан айылда, жепирейген боз тамда чүкөдөй болгон бир кемпир өлүм алдында жатты. Анын өлө баштаганы көп болду. Бул тирүү жан кутулбас кыянат согончогу канап, биринчи перзентин көргөн күндөн башталбадыбы, кыз кийимин чечип, зайып болгон түндөн башталдыбы, же андан да мурдааракпы – аны өзү да билбейт.

Кемпирдин эсинде өткөндүгү менен азыркы, күз менен жаз, күн менен түн, өңү менен түшү, кым-куут болуп аралашып чаташат. Кемпир көзүн ачпай кичинекей секелек кыздын үнү алыстан чайга чакырганда гана башын бир аз көтөрөт да сөксөөлдөй болуп куурап калган колу менен ысык чай куюлган чыныны кармайт. Бирок алаканы ысыкты да, суукту да сезбейт. Көзүн ирмебей жалдырайт. Шуулдатып чайын ичет. Чынысына нандын жумшагын улам-улам салып отурган кызды да байкабаган сыяктуу. Кемпир чай менен кошо ичиндеги былжыраган жумшак нанды кошо ичип жатканын байкаган жок көрүнөт, колун алдыга сунду. Кыз үнсүз башын тозду эле, кагыраган кургак алаканы менен анын чачын сылап:

– Өзүң ичтиңби?

– Ичтим! – деди кыз.

– Атаң келдиби?

– Келди…

– Эмне алып келиптир?

– Чийки эт, таттуу бычаный.

– Кайра тоого кеттиби?

– Ооба. Коюн төмөн түшүрөт экен, комиссия келип санайт дейт.

– Бөрү жебесе, жут болбосо деле санай беришеби? -деп таенеси өзүнчө эле кобурай баштаганда, кыз жооп кайтарбайт.

– А, жанагы жаман энеңчи? – деди кемпир.

Мындай суроого жооп бериш керек, бирок кыз мостоюп тура берди.

– Энең кайда дейм? – кемпирдин үнү катуурак чыкты.

– Шаарда, -кыздын көзүнөн жаш кылгырды.

– И-и, шаардабы? Сен жүзү карасың деп, кат жаздыңбы энеңе? Азыр жаз! Карышкырдын канчыгы да көзүн ача элек бөлтүрүгүн талаага таштабайт. Ал эми сенин энең болсо барып турган шерменденин өзү! Өзүм эле жыргасам дейт. Боюма кара чаар жылан бүткөнүн билсем, тогуз ай көтөрүп убара болбой, ошондо өзүм эле мыкчып салбайт белем! Өлүгүңдү ит жегир! -деп каргады кемпир.

Кыз таенесинин бул сөздөрүн укмамыш болуп чыны– аяк, нандарды үкөккө салды.

– Шаарда тургусу келгенин кара, бейбактын! Көрөрмүн, шаардан жыргаганын! Башкасын кой, анда аккан сууга да акча төлөш керек… Ай, сексейген арам шүмшүк, мен өлгөндө ким менен каласың?

– Атам менен, -деди кыз.

– Атам менен деп коет, арам бейбак. Сен дагы кой багып тоо-таштын арасында жүрөсүңбү?

– Жүрөм, – деди кыз.

– А, шоордуум! Колуңду чор басат! Шыйрактарың ийрейип, чор таман болосуң! Анан сени жакшылыктуу эр да албайт! -деп күңкүлдөдү кемпир.

– Эрге тийбейм, – деп туйтуң этти кыз.

– А-а, өлүгүңдү ит жегир. Тийбейм деп коет деле. Бардык жандар жубу менен жашайт. Бала тууйт… Атаң азырынча айласын таппай далдырап жүрөт, акыры катын алат, ал катын сени өгөйлөйт, далыга түртүп сабайт, чачыңды жулат, шоруң ошондо катат. Менин көрдө жатып кыйкырганымды угат дейсиңби, өлүгүңдү ит жегир. О, шордуум! Кайсы гана кашайган күндө туулдуң экен, бейбагым…

Кыз сыртка чыгып, бир кучак отун, эки -үч көң алып келип, мештин жанына таштады.

– Үйдү өрттөгөнү жатасыңбы, кудай аткыр? – деп кемпир бери бурулду.

– Бороон болот экен, – деди кыз.

– Аны кайдан билдиң?

– Телевизордон айтты…

– Ким айтты?

– Сулуу эжей айтты.

– Сулуу эжей! Сулуулар алдамчы болот. Эрлеринин көзүнө чөп салышат. Сен азыр баласың, тазасың, бойго жеткенде сен да алдайсың…

– Алдабайм эле.

– Алдайсың. Кыздын баары эле жакшы, жаман катын кайдан чыгат.

Кемпир бүгүн демейдегисинен көбүрөөк сүйлөп калыптыр, ахвалы бир аз дурусураак окшойт. Сөзү түгөнбөчүдөй какылдайт. Кыз таенесинен аяктарын жылуу жууркан менен жапты.

– Эмне эле мени думбалап калгансың? Өлүгүңдү ит жегир! Мен короого чыкпайм! – деп күңкүлдөдү кемпир.

– Эшикти ачам. Меш тартпай жатат. Түтүн толуп кетти. Суук тиет! – деди кыз.

– Суук тийсе, батыраак өлөрмүн. Сени убара кылбай, – деди кемпир.

Бирок кыз эшикти ачканда, кемпир жанталашып жуурканды чүмкөнө жамынып, тынчып калды. Сырттан ызгаар кирип, үйдөгү чүпөрөк -сапыракты делбиретип, тезектин бүксүгөн жытын сүрүп чыкты. Кемпир жуурканды бир аз ачып, кичинекей башын кылтыйтып, таза абадан өпкөсүнө толтура жутту. Муздак аба таноолорун кычыштырып, башын кеңгиретти, көздөрүн ачыштырып, жашылдантты…

Кыздын эсине сарайга катып койгон ящик түштү. Мындан бир жума мурда, дал ушундай үйдү желдетейин деп эшикти ачып, кемпир уктап кеткенде, короого атчан киши келген. Ал почтоочу Батырбек эле.

– Э, чоң кыз! – деп чакырды почточу, – Эмне босылканы албайсың? Шаардагы энеңден келген го.

– Таенем алба деген, – деди кыз.

– Андай тежик болбо, кызым. Канча кылганы менен өз энең. Мен аны кайра салып жибермек белем, – деди да ящикти кыздын колуна карматып, бастырып кетти.

Таенеси энеңен эч нерсе алба деп тыйып салган. Кыз эшикти жаап, колуна чоң бычакты алып, от тамызуу үчүн ичеги жараңкалай баштады, ой-санаасы баягы посылкада. Ичинде эмне бар болду экен? Албетте, таттуу-паттуу, кооз көйнөк же Закеникиндей ботинка бардыр… Таманы жылма, өңү күрөңдүр, такасында «30» деген жазуу бардыр. А, мүмкүн, башка да жакшы нерселер бардыр… Кемпирди өлөт деп күткөнүнө канча болду? Ал өлгөндө туш-туштан өкүрүп -бакырып туугандар келишет, ыйлап-сыктап, үйдү үч аңтарышат, мал союшат, кызыл-ала кылып сарайга эт илишет анан ящикти көрөт. «Мен өлгөндө топурак салбай эле кой, кечтим сенден!» – дегенине карабай, апам да келип калышы мүмкүн. Баягыда апам таенемдин тизесин кучактап: «Кечир мени… кечир мени!..» – дегенде, таенем: «Жогол, көзүмө көрүнбөй!»– дебеди беле. Анан апасы ошол эле сөздү күтүп тургансып, кийим-кечеси оролгон түйүнчөгүн унутуп таштап, кичинекей уулун көтөрүп алып сыртты көздөй жөнөгөн. Бул ойлор келгенде, кыз кийинки окуяны да толук эстеди… Ошондо бечара кыз түйүнчөгүн алып энесинин аркасынан антаңдап чуркап жетпей калган. Энеси болсо капталы чакмак тартылган машинага түшүп, эшигин тарс жаап, айылдын чаңын буруксутуп, кара чечекей кызын таштап шаарды көздөй жөнөгөн. Кызы болсо апакелеп үйдү айлана чуркап, жерди тепкилеген. Сонундун шаарга жөнөгөнүн көргөнү келген айылдыктар да үн катпай кызды тегеректеп турушту: «Жөн койгула, бугун чыгарып ыйлап алсын», – дешти көрүнөт. Анан өксүп ыйлаган кызды колтуктап үйүнө алып киришти, ичинен чыккан баласын таштап, жакшы турмуш издеп шаарга кеткен Сонундун абийрин калтырбай тилдешти.

Атасы тоодон айыл уктаганда кайтты. Ал барбайган колу менен кызынын башын сылап, көпкө отту тиктеп турду… Кемпир керебетинде жөтөлүп жатты. Ал күйөө баласынан уялгандыктан эле жөтөлүп жаткансыйт. Анын жөтөлү: «Менин кылар айлам барбы? Мен картайган, оорукчан бир байкуш кемпирмин да», – деген түшүнүктү билдиргенсийт. Ошондо кыздын жүрөгү биринчи жолу кандайдыр ырайымдуулукту сезди, анткени, атасы мурда аны эркелетчү эмес, ал тургай чанда гана сүйлөшчү. Эми ага атасынан башка жакын жана кымбат киши жоктой сезилди.

Кыз от жагып жиберди. Чайнектеги суу заматта шуулдап чыкты. Ошондо кыздын башына «эгер азыр ящикти ачып көрүп, кайра жаап койсом эмне болот!» – деген ой келди. Таенеси уктап жатат, анда-санда гана эриндерин кыймылдатып коет, түшүндө да өзүнүн сойку кызын сөгүп жаткансыйт.

Кыз акырын сарайга барып, ящикти сууруп чыкты да, аны чебердеп ачты. Үстүндөгү конвертте кат бар экен. Анда мындайча жазылыптыр: «Кагылайын кызым! Сени ойлогондо көзүмдөн жаш ордуна кан тамат. Мүмкүн бирөөлөр: «Энең шаарда жакшы турмушта жашайм деп сени таштап кетти», – деп ишендирип жаткандыр. А, балким, «Атаңдын билими жок деп чанып кетти», – деген сөздөрдү да айтып жатышкандыр. Иш такыр андай эмес, каралдым. Кичинекей Таалайбегим менен кошо сени да ала кетейин дегем, бирок байкуш атаңды аядым. Санаа менен жалгыздыктан чүнчүп өлүп калбасын дедим. Атаң жакшы киши, ал бир заматта бардыгынан ажырап, кор болуп калбасын дедим. Таалайбекке эмчек керек, сен болсоң чоңоюп калдың, атаң, таенең менен чогуу күн көрө аласың. Таенеңди да жалгыз калтыра албадым. Атаң болсо таенең үчүн эми жат киши болуп калды… Сен азыр баласың, бойго жетип чоңойгонуңда, адамдын өмүрү өтө кыска экенин түшүнөсүң. Адам өмүрү – анын туулган күнү менен каза болгон күнүнүн аралыгындагы алкакта өткөн мезгил эмес. Мүмкүн өмүр деген капталыңа канат бүтүп, бардыгын таштап курмандыкка чалып, куштай сызып, дүйнөнүн четине учуп жетчүдөй болуп тургандагы бир гана саат же мүнөтдүр. Ал деген адамдын өмүрүнүн көз ачып-жумганчылык кыска мезгили, кымындай үзүндүсүдүр, бирок адам дал ошол мезгил үчүн жашагысы келет.

Эгерде ошондой канаттуу мезгилиң болбосо, же жүрөгүңдүн илебине кулак салбай, чоркоктук кылып, ошол мезгилиңди өткөрүп жиберсең – жарык дүйнөдө жашадым деп ойлобо. Анткени, калган өмүрүң жай-баракат бырыксып түтөгөн кыкка барабар. Сенин таенең – менин кара чечекей энем – өмүрдүн ушундай жалындуу учурун эч качан билген да сезген да эмес. Ал өмүр бою кара жанын карч уруп, турмуш менен алышып келди. Анын өмүрү бир сындырым нан үчүн күрөшүү болду. Анын башы түйшүктөн эч арылганы жок, кезегинде курбу-курдаштары менен, күйөөсү менен да күлүп-ойноп, чер жазган жок. Эртеден кечке дейре күйпөлөктөп күндөлүк оокат менен алек, тезек көтөрүп, от жагып, балдарын багып, мас болуп келген эри менен урушуп-талашып, таяк жемей. Өмүр бою жокчулук, бир сомдун көзүнө карап, бир ууч данды үнөмдөп келди. Үйүмдө беш-алты ак шейшебим болсо деп ар дайым кыялданса да үчтөн ашык шейшеби болгон жок. Ал төртүнчү шейшепти сатып алганча, эскилери жыртылып калчу. Бир жолу эле эки -үчтү сатып алайын десе, эртеси нансыз каламын деп коркчу»…

Кат өтө узун – бир нече баракка жазылыптыр. Энеси катында: азырынча бирөөлөрдүн үйүндө турам, квартира ала элекмин, конфет жасай турган фабрикада иштеймин дептир.

Кыз каттын бардык сөзүнө түшүнбөсө да, баштан аяк окуп чыкты. Энеси бир нерсе жазганга шыктуу болучу. Анын сыя менен гүлдөрдүн сүрөттөрү тартылган, жылмакай мукабасы калың дептери болоор эле. Энесинин ал дептерин кыз далай жолу ачып, ырларын окуп көргөн. Анда жазылгандардын ар бир сөзү түшүнүктүү болгону менен, алардын жалпысынан кандайдыр жашырын сыры бардай сезилчү. Бул каты да ошондой экен: бардыгы түшүнүктүү өңдөнүп турса да, бүдөмүк жерлери көп. Энеси кызын, энесин, күйөөсүн таштап шаарга качканы – бул тажаалдык да, эссиздик да эместей көрүнөт. Мында кандайдыр бир татаал маани бар сыяктуу. Аны энеси да, күйөөсү да, айылдыктар да түшүнгөн эмес окшойт. Мүмкүн атасы түшүнсө да аны кетирбей калууга дарманы жеткен эместир. Кандай болсо да энесинин жанагыдай жорукка барганын бөтөнчө бир себептер болгону шексиз.

Энеси катка өз турмушуна ыраазы болгонсуп жазыптыр, бирок чынында конфет фабрикасында иштегени менен анын турмушу анчалык ширин эмес экендигин кызы толук сезди.

Кыз катты этияттык менен бүктөп, койнуна салды. Ящикте конфет, жылуу байпак жана ич кийимдер, болотнай шейшептер бар экен. «Сага кызыл шапке алып койдум, аны кийин салып жиберем – таенең көрүп калса, отко ыргытып жиберет. Көйнөк менен байпакты таенеңе көрсөтпөй кийгин. Акча тийгенде сага буурчактай кара темгилери бар ак ичик алып коем. Аны кирдегенде жууса да болот экен. «Төрт шейшеп – таенеңе, аларды эски сандыктан таптым деп кой», – деп жазыптыр.

Таенесинин шейшептери эскиргенинен саргарып кеткени кыздын эсине түштү. Аны азыр эле, кемпир уктап жатканда алмаштырып койгусу келди. Кылдаттык менен эски шейшептүү жылуу жуурканды сыйрып алды. Таенеси бирдемелерди кобурап, төрт аягын бүрүштүрүп үшүгөн күчүккө окшоп калды. Анан ал жаңы болотнайдын жытын сезип, көзүн ачып, шейшепти сыйпалады.

– Эй! – деп чакырды.

Кыз жооп каткан жок.

– Мисирейген, өлүк – тиригиңди көрөйүн! Шейшепти кайдан алдың?

– Эски сандыктан, – деди кыз.

– Эски сандыктан? О акмак десе? Мен аны өзүмө сактап жүрбөдүм беле!

– Сактап жүрсөң, өзүңө жаппадымбы… – деди кыз.

– Ал! Мени көргө саларда кайсы кепинге оройсуң? – деди кемпир.

Кыздын көзү алая түштү. Кемпирдин бети ичкерип, тумшугу шуштуюп, көк ала чачы-башы саксайып, коң каргага окшоп кетти.

– И, эмне селдейип туруп калдың? Сал сандыкка! Ак кездемени эмне кескиледиң? Мисирейген өлүк – тиригиңди көрөйүн, ээн баш! – деп какылдады.

– Кескилегеним жок…

– Он метр болчу… Он беш жылдан бери сактап жүргөм. Кур дегенде тиги дүйнөдө таза шейшепке жатайын дегем.

Эски сандыкта бир ак оромол сакталып жүргөнү кыздын эсине түштү. Энеси ага: «бул таенеңдин себи», -деген болучу. Ал эмнеге арналганын эми гана түшүндү: көрсө бул үйлөнүүгө эмес, көмүүгө арналган сеп турбайбы. Кыз сандыкты ачып, ак дакиге кыпыйтып ороп, сыртынан жип менен таңып койгон оромолду алып келди. Кемпир аны колу менен сыйпап көрүп, «сеп» жайында экендигине көзү жеткенде гана көңүлү тынды.

– Анын дароо эле айтпайсыңарбы, мени какылдатпай. Ушу сен начар эле адам болосуң го! Кызды бекер урушканына ыңгайсызданса да, анысын мойнуна алгысы келген жок. – И, эми эмне тикирейип туруп калдың? Ордуна алпарып кой! Мен өлгөндө, сөөгүмдү ороп жатканда жакшылап көрүп аласың, – деп дагы какылдады кемпир.

Ал көп жашап, картайганы үчүн, эми ичер суусу түгөнүп, өлүмү жакындап калганына нааразы болуп, жинин, ачуусун бардыгын кичинекей кыздан чыгаргысы келди окшойт. Кыз түйүнчөктү сандыкка салды. Эми ал таенесинин сөзүн укпай, өз ишин иштеп, баятадан бери ууртунда кармап турган конфетин сорсо да өз эрки. Ал кабынан клеткалуу дептерин, арифметика китебин алып, көбөйтүүгө берген мисалдарын чыгара баштады.

– Тигиниң эмне дейт? – деди кемпир капысынан.

Кат жөнүндө билип алган экен деп, кыз селт эте түштү. Керебетинен бутун салаңдатып отурган кемпир кыздын көзүнө кишинин оюндагысын билип, тагдырын айтчу жез тумшук мастендей көрүндү, купкуу эриндерин кымтып, жооп күтүп, кыз жакты карап, көрбөгөн көздөрү менен тиктеп турат.

– Бороон басылат дейби, эмне дейт? – деп суроосун толуктады кемпир. Кыздын жүрөгү ордуна келди, көрсө таенеси телевидениенин диктору жөнүндө сураптыр.

– Кар жаап, суук болот экен, – деди кыз.

– Кудай жок, кудай жок деп коюшат дагы уялбай. Анан өздөрү аба ырайын алдын ала билишет, – деп күңгүрөдү кемпир.

– Аба ырайын кудайдан сурабайт, – деди кыз.

– Кудайдан сурабайт. Кудайдан сурабаса кайдан билип алышат? Раматылык таятаң жылдызды карап билчү.

Эми таенеси кадимки эле жөнөкөй кемпирлерге окшоп калды. Ал ыраматылык күйөөсүн эстей баштаганда, жоош эле кемпир болуп калчу.

– Эч кандай бороон болбойт! Ал катын калп айтат! Баары калп, – деп какылдады кемпир.

Кыз унчукпай сабагына киришти.

– Суйкаят тим эле. Өлүгүңдү көрөйүн. Башындагы чачын айтасыңбы сойкунун. Чөмөлөдөй бийик (дикторду тилдегени). Сулуу аялдын баары калпычы болот. Баарын алдайт. Тигине сенин энең… Ал дагы сулуу болчу. Эми куураган жыгачтай катып калгандыр, чамынды болуп шаарда жүрөт. Анда жаккан отуңа да, ичкен сууңа да теңге төлөйт… Турмушу курусун …

Кыз көбөйтүү мисалдарын чыгара берди. Мордон шамал күүлдөйт. Аба ырайы чоң бир окуяга даярданып, күчүн жыйнап жаткансыйт. Кемпир шамалдын улуганын угуп, кыздын караанын байкады.

Эпейип отурганын кара, түгөттүн. Энесинин эле өзү. Ал сойку да буттарын астына кыпчып, ушул столдун жанына отурганды жакшы көрчү. Эртең менен мен өлүп, жалгыз каларын билбейт, отурганын кара шордуунун. Азыр ага бирдеме деп көрчү. Ичинен: «И и, көксөө кемпир, кепшей бер. Аның андай эмес экенин мен билем», – деп өз ишин уланта берет. Буларың китеп окуп атып көк мээ болуп калбадыбы».

…Бороон күчөй баштады. «Мунун атасы алигиче жок. Ал жолдо бороонго калбаса экен?» Ага кемпир оюндагысынын баарын айтып берет эле. Ал түшүнөт. Өткөн күнү кемпир түш көргөн. Түшүндө мелтиреген талаада үйүлгөн үймөктүн үстүндө күйөөсү менен жатыптыр. Экөө тең жапжаш, чырайлуу кези экен. Жаңы чабылган жыттуу чөптүн үстүндө күйөөсү колун мойнуна арта салып, буралган белинен кучактайт. Анын капкара узун чачтары ийнинде жайнап төгүлүп жатат. Ал жыпжылаңач жатканына уялбайт, ал тургай эринен тартынып да койбойт. Үстүндө мелтиреген, көз жетпеген көк асман. Асан – Үсөн деген эки уулу бар (Экөө тең Сталинграддын алдында каза болгон). Алар кичинекей. Алар ак шейшептин четинен кармашып, чуркап келип ата-энесинин үстүнө жаап коюп, качып жөнөштү. Балдарынын куйруктары томураңдап, жашыл чөптөн көгөргөн тамандары жалтырайт. Эри экөө кучакташып, мелтиреген көк асманга көтөрүлүп, жааңдан тоңгон муз буурчактарды жиреп учуп бара жатышат. Төмөн жакта, жерде аялдар уккулуктуу үн менен кандайдыр бир сонун ыр ырдашат.

Кемпир ойгонуп, көзү көрбөсө да, тамдын төбөсүн тиктеп, мелтиреп көпкө жатты. Өмүр сааты акыркы мүнөттөрүн кагып, күнү бүткөнүн түшүндү. Асан, Үсөндүн чоңойгондугу өңү-түстөрүн эстөөгө канча аракет кылса да эстей албады. Эсинен чыгып кетиптир. Өзүнүн узак өмүрүндө далай өлүм-житимди көргөн тирүү жан кутулбас шум ажал эч кимден суранбай, күтүлбөс жерден кайыр сураган думанадай болуп самсаалап туш келген короого кирип келип, эч нерсени көзүнө илбей, тандаган эшигин каккылап, анан алдынан чыккандын жанын сууруп алып жолго түшөрүн жакшы билчү, өзү ошого дайым даяр болуп жүрчү. Ага өлүм деген нерсе адамды турмуштун түйшүгөнөн түбөлүккө куткарган, учу-кыйыры жок мемиреген бейкуттуктай сезилчү. Ошондо күндүн жаркыраган нурлары кирпикке сайып, көзүңдү уялтпайт, адамзаттын муң-жашы жүрөгүңдү сыздатып, өз боюңду таштап жиберчү арсайган асканы көздөй жетелебейт, – деп ойлочу. Ызылдаган шамал кыйраган капканы кыйчылдатып, тамдын үстүндө уйгу-туйгу болуп, кардын чаңын буруксутканын кемпир сезип жатты. Бороон күчөй берди.

Кыздын атасы алигиче жок. Ушунтип эле ичиндеги ой-керээзин эстүү-баштуу эч кимге айтпай кете береби? Бир кылымга жетер-жетпес жашаганча чогултуп жүрүп акыры айтары бул эле: «Жансыз тоо менен ташты маңгиликке жараткан, адам болсо, туулдум– өлдүм, тутандым-күйдүм болуп, туулары менен өлө баштайт. Анын ар бир кыймылы, санаасы, ойлогон ою өлбөстүн камында, бирок ошого карабастан ажалдан кутула албайт. Адамдын өмүрү өтө узун жана машакаттуу. Же андай эмес бекен? О, турмушуң менен куруп кал! Кыз кезимде жакшы адамга туш болуп,ошого тийсем деп эңсечүмүн. Туш болдум, – анан анын ак шейшеп дегенди билбеген балтаңдаган балит семиз аялга барып жүргөнү билинди… Уул төрөсөм деп көксөгөм, эгизди төрөп өстүрдүм– аларымды Гитлер өлтүрүп кетти… О, турмушуң менен куруп кал! Кыздуу болсом деп көксөп жүрүп, кыз төрөп, чоңойттум эле аным күйөөгө тийип, өзү эне болду, бир жума Фрунзедеги жеңесиникине кетип, кайра келди да, эмчектеги уулун алып, эрин, кызын, оорулуу энесин таштап, үй-бүлөсүн сызга отургузуп, шаарга качып кетти. Ал сойку акылынан адаштыбы, же көк мээ койдун мээсин жедиби, иши кылып акмак болду… О, турмушуң менен куруп кал! О, армандуу дүйнө! Мындан көрө туулбай туна чөгүп өлсөмчү! Дагы болсо… Дагы эрим бар эле. Ал өлдү. Чалдар көбүнчө кемпиринен мурда кетет эмеспи. Ал арак иччү. Уулдарынын «кара кагаздары» келген күндүн эртеси иче баштаган. Ошол күндөн баштап, өлөр өлгөнчө арактан башы чыккан жок. Ичет, ооруйт. Эртеси оозума албайм деп ант берет. Бир жумадан кийин кайра баштайт. Акыры арак түбүнө жетти. Эртең менен чөп чабам деп кеткен, кечинде өлүгүн алып келишти. Мээсине кан куюлуп кетиптир дешти. Адамдар ушул акмактай ичимдиктен эмне жакшылык табышат?! Же ушул ачуу ичкилик баланын балдай мээриминен, аялдын назик денесинен, таттуу эркелелегинен жакшыбы? Андай болбосо бул түйшүктүү ачууга эмне үчүн кулкулдашат?» Кемпир ал балакетти оозуна алган жан эмес. Динге ишенгендиктен дейсиңби? Корккондуктан дейсиңби? Жок. Аялдар ичкилик ичпейт дегенди жүрөгүнө катуу түйүп алган. Кеп мына ошондо. Согуш жылдарында, эрлери майданга, эмгек армиясына кеткен аялдар, жесирлер бозо салышып, чогулуп алып ичип, жеп армандуу секетпайларды ырдап, буркурап ыйлашчу. Жашырганда эмне: кээ бирөөлөрү башка эркектер менен чер жазышып, ал гана эмес, аргасыздан боз баштык өспүрүмдөр менен жүрүп алгандары да болду. Бирок бул кемпир жаш кезинде ошондой жыйындарга катышканы менен, өзүн катуу кармачу. Өмүрүндө эринен башканы да көргөн эмес. Уулдарынын кара кагазы келгенде эри ботодой боздоду. Анан киши менен сүйлөшпөй, өзүнчө жүрүп калды. Бир жолу арак куюп: «Мэ, ичип жибер, ачууну ачуу басат», -деди. «Күйүтүңдү бас», – дешип аялдар да аракты анын оозуна такашты. Мурдуна жагымсыз жыт бур эткенде, ал башын буруп, ооз тие албай койду. Ал ошондо биринчи жолу эринин тилин албай койгон. Эри арактын баарын өзү жутуп, ичиркенип, башын чайкады.

– Ачуубу?

– Иттей! Фү!

– Сени ич деп ким зордоп жатат? – деп сурады.

Эринин көзүнө жаш тегеренди. Ошондон кийин эрине андай суроо берген эмес. Эми минтип, өлүм алдында жатканда, кемпир эмнегедир ошол сүйлөшкөндөрдү эстеди. Күйөөсү ошондо эмне үчүн антип айтты экен? Кантип эле жанагы ачуу балакет кайгыны бассын? Согуштан кийин, башканы кой, динге ишенгендер да иче башташты. Пиво мас кылчу ичимдикке жатпайт, ошондуктан аны ичкендер күнөөгө батпайт деген каңшаалды молдолор өзүлөрү таратып жиберишти. Анан пивону мас болгончо ичишти. Аны бардыгы ичти, бирок бул кемпир даамын таткан эмес.

Мына ушуларды эстегенде кесел кемпирдин тамагы ого бетер кургап чыкты. Таңдайы чаңкап, жанын кыйнаганына көп жыл болгон. Бир жолу аны эри пиво сатып кел деп жиберген болчу. Ал карапага толтура пиво куйдуруп алып, чөптү аралап келе жатканда, пиво чайпалып, көбүрүп -жабырып жерге төгүлдү. Эри кетменди таштап жиберип, талтайып туруп, карападан жутту. Пиво муруттарынан ылдый куюлуп, жерге төгүлдү. Ал күндөн көзүн жүлжүйтүп, күйөөсүнүн кекиртеги өйдө-ылдый жылганын көрүп, күлкүсү келип турду… Аны элестеткенде кемпир шилекейин жутту. Азыр ошондой бир жутум болсо, таңдайынын катканы токтолуп, суусуну биротоло канчудай сезилди. Эри каза болгондон кийин ал бир нече жолу пивонун даамын таткысы келсе да, батына алган эмес– кызынан, күйөөсүнөн, коңшуларынан уялган… Азыр болсо анын бардыгы бир тыйынга татыбастай көрүндү. Баары бир дүйнөдө эч бир ыйык нерсе жок. Ал тургай кудайдын өзүн жок дешип, күнүгө сөгүп жатышат, ал үчүн жазаланган эч ким жок. Баары бир сенин денең, оюң, эсиң, уятың, коркунучуң, сүйүүң -бардык турмушуң топуракка айланат эмеспи… Кемпирдин деми кыстыга баштады. Оозунун ичи дуулдап, көмөкөйү, көкүрөгү ысып чыкты. Каны катты. «Чай сурасамбы? Жок. Ал эмес. Жанагы пиво дегенден бир гана кылт этсем, суусунум канат эле!»

Кемпир куу казыктай колун көтөрдү. Ал ошентип суусун сурачы. Кыз туруп, чай куйду. Кемпир колун шилтеди. Кыз чайды куюп, кроваттын астындагы чылапчынды тартты. Кемпир башын чайкады.

– Эми эмне? – деди кыз.

– Пиво…

Кыздын көзү алая түштү. Кемпир жөөлүп жаткандай сезилди.

– Акча тигинде… Сомкеде, – деди кемпир.

Жок. Таенесинин жөөлүгөн түрү жок. Ал кадимки эле оорулуу картаң аялга окшоп турат.

– Пивону эмне кыласың, таене?

– Ичем.

– Сенби?

– Алып кел!

Кыз тонун жамынып, дүкөнчүнүн үйүнө барды. Ал эки бөтөлкө пивону алып келгенде таенеси көзүн жумуп жатыптыр.

– Бар бекен? -деди кемпир көзүн ачпай.

– Ооба.

– Дүкөнчүгө эмне дедиң?

– Атам ичет дедим.

– О, кагылып кетейин акылыңан.

Кыз муздак бөтөлкөлөрдү мештин түбүнө койду да, тегерек столдун жанына отуруп, сабагын окуй баштады. Бөтөлкөлөр дароо тердеп, көз жашындай тамчылар тактайга куюлду. Кыз болсо бардыгын унутуп, көбөйтүү мисалдарды чыгарды.

– Жылытыңбы? – деп каңк этти керебетинде отурган кемпир.

– И и?

– Бөтөлкөлөрдүн сырты кургаса, жылыганы.

Кыз бөтөлкөлөрдү карады – «көз жаштары» кургаптыр.

– Ой, өлүк, болбойсуңбу? Эмне эле маалкатып калдың?

– Оозун ача албай жатам.

– Таятаң тиши менен аччу.

Кыз тиштеп көрдү эле – тиши ыргып кете жаздады. Кыз темир кепкек менен бир топ алышты. Акыры бычак менен ачып, чыныга куйду.

Кемпир ысык чай ууртап жаткансып, эриндерин чормойтуп, этиеттик менен бир ууртады. Пиво даамсыздай көрүндү, кургап калган колуна бир аз кармап турду да, көзүн жуумп туруп, шарт жутуп жиберди. Бош чыныны кызга кайтарып берип, жаздыгына чалкалады. Ал башынан өткөн бардык азаптары үчүн кимдир-бирөөнөн өчүн алууга өмүр бою даярданып жүрүп, мына эми гана ошол максатына жеткен сыяктуу.

– Куй дагы!

Кыз дагы жарым чыны куюп, алдына койду.

– Эмне тикирейесиң, тиригиңди көрөйүн? Барып укта! –деди кызга.

Кыз дептерлерин жыйнаштырып, төшөгүнө кирип жатты да, уктап кетти…

Кемпир өзүн эч бир оорубагандай, оор иштен кийин, жөн гана эс алып жаткан, картаң эмес, мындан жарты кылым мурдагы сулуу, жаш кезиндей сезип, жеңилдене түштү…

Оозунан кычкыл даам али кетпесе да, бир аз уйкусу келип, бүт денеси балкыды. Сырттагы каалга борошого нары-бери теңселип, кыйчылдайт. Шамал улуйт. Тышта алай-дүлөй түн.

Кемпир дагы эки жолу жутту. Анын бүткөн бою мурдагыдай жылуулукту сезген жок, бирок буту-колуна кадимкидей күч киргенсиди! Азыр ал кыз-келиндер менен талаага барып, таң Чолпону чыкканга чейин жүрсө да, күркүрөп аккан өзөндү бойлоп, аңкыган сары гүлдөрдү аралап, сүйгөнү менен кучакташып басканда, аттары артынан калбай ээрчип жүргөн жерге барса да кудурети жетчүдөй сезилди. Ошондо экөө жылмайышып өбүшкөндө, аттары алардын ийиндерине, колдоруна жылуу тумшуктарын тийгизип, кармаган гүлдөрүн кыртылдатып чайначу эле. Анан алар нары, өзөндү бойлоп кетишкенде, аттары жээктин жашаң чөптөрүн чалып отточу. Үйгө таңга жуук гана кайтышат, ал түн жөнүндө эч ким эч нерсе билбейт. Баса, ал түндөр жомоктогудай укмуш эмес беле… Ошол түндөрдү мурда эмне үчүн эстеген жок? Балким, анын күнүмдүк турмушу ошол сонун жомокко окшобогондуктан салыштыргысы келген эместир, же аны толук сезгенде, баягы аскадан боюн таштайт беле? Ошол сүйгөнү кандай киши эле? Ал жаман эр, жаман ата болгон жок. Ичкениби? Башкалар эмне, ичпептирби? Ичсе, күйүтүнөн ичкендир. Ичпесе бугу койнуна батпай кетпейби! Көңүлүмдү канча жолу калтырды! Антсе, эмне экен? Жалаң бал жей берсең – жүрөгүңдү айлантат! Азыр тетиги суу бою укмуш. Карагайлар шуулдап, жыттуу сары гүлдөр ачылып, адамдын аягына таазим кылып жүгүнөт. Күн нурун чачыратат. Эки айрылып өскөн карагайдын ачасына чыгып, эч нерсени ойлобой, көпкө-көпкө дейре төмөндөгү суунун шарын тиктеп отурсаң кандай сонун!.. Ошондо ал маки менен чийген экөөнүн аты калды бекен? Экинчи күнү ал тамгалардан жакуттай болуп дабыркай чыгып мөлтүрөп калыптыр. «Карагай эти ооругандан ыйлап жатат», – деда ал. Анан экөө карагайдын жараатына бака жалбырак жабыштырып, таңышты. «Ушинтсе жараты айыгып калат» … – деп ойлошкон.

Кемпир акырын керебетинен жылып түштү. Күчү кеткен муундары калтырады, төшөктөн турбай жатканына эки жыл болгон. Кийимдерин сыйпалап таап кийинип, башына жоолугун салынды, сыйпалап барып уктап жаткан кыздын таманынан өптү да эшикти ачып, бороонду караңгы түндү көздөй кадам шилтеди…

Айылдын четиндеги контордун фонары чайпалат. Алай-дүлөй. Борошо. Жол билинбейт. Үйлөр бүт ак шейшепке оронгон. Кайдадыр үшүгөн ит каңкылдайт.

Кемпир дүркүрөп гүлдөп турган бедени аралап кете берди. Бал соргон аарылар ызылдайт. Кызы жол жээгине өскөн мала кызыл шимүүрдөн бал шимиргенди жакшы көрчү эле. Атасы ошол жол менен келчү. Алар үч жалбырактуу беденин төрт жалбырактуусун издешип, атасы эрте кайтабы, кеч кайтабы деп төлгө кылышчу. Алыстан атасынын карааны көрүнгөндө кыз, утурлай чуркап: «Төрт жалбырактууну мен таптым. Мен!» – деп мактанчу. Атасы кызын өңөрүп, одурайган чаар бетинен мээрим төгүлүп, камчысы менен аялын акырын, эркелете чаап коюп: «И, кандай?» – дечү эле.

Аялы: «Жакшы эле», – деп көп байкатпай жылмайып, аттын чылбырын алып, үйүнө жетелечү. Анан күйөөсү кыйшайып канжыгадагы куржундан гүлдүү көйнөк же кызыл жоолук – иши кылып, өтө кооз бирдеме сууруп чыгып: «Ме!» – деп аялынын ийнине таштап койчу. Ал өзүнүн сүйүүсүн, сагынычын ушунтип билдирчү. Анан кызын өбөт, анысы жер сууга батпай кубанат. «Ошол кызы эми чоң шаарда кантип жүрөт болду экен? Шаарда жашоо кымбат. Акыркы тыйынын раскоттоп коюп, ачка отуруп калдыбы. Турмушу кандай болду экен? Түн ичинде жалгыз бой немеге мас эркектер келип, тийишип омуроолоп жатабы? Татынакай немени аларың тим коет дейсиңби. Кутуруп өлгөн акмактар».

Аарылар ызылдайт. Гүлдөгөн беденин жыты аңкыйт. Тигине айылдын четине күн шооласы жаркырап тийип турат. Беде өтө коюу жана бийик өскөн экен, ар бир кадамы күч менен жирелет… «Карыган энесин, кызын, күйөөсөн таштап шаарга качып кетти», -дешет. Качса эмне экен? Балким жанагы китептеринде ошондой болгула деп жазгандыр. Күйөөсүбү? Ал али жаш. Ал өз бактысын таап кетет… Күн шооласы жаркырап көз уялтат. Кемпир адамдын колунун тамырларына окшоп, кең өрөөнгө таралып, чаңкаган жерди сугарган тоо өзөнүнө барды. Ал жерде мындан жарым кылым мурда сүйүшкөн эки жаш бооруна тамга салган, эки ача жоон карагай турат. Кемпир күндүн маңдайынан өттү. Чайпалган күндүн шооласы артта калды. Керээли кечке жылаң баш чөп чабыкта кемпирдин колу-башы күнгө күйүп, бели талыды. Ал эс алайын деп жерге көчүк басты. Аарылар ызылдайт. Мемиреп уйкусу келди. Кучагын жайып, чалкасынан жатты. Асманда булуттар сүзүп жүрөт. Асман көпкөк, булуттар аппак. Булуттар улам төмөндөп, майда-майда болуп бөлүнүп, жерге, кемпирдин бетине уюлгуп түшүп жатты. Илгери тогузунчу майда, Жеңиш Күнү айыл үстүнөн самолет сызып өтүп, жерге баракчаларды жаадырганда так ушундай болгон. Балдар чуркурап, асмандан каалгый түшкөн баракчаларды жерден теришкен. Баракчалар жаай берди. Жер бети аппак болду. Бир кезде өтүктүн түрсүлдөгөн табышы угулду. Эки уулу, Асан менен Үсөн солдат кийимчен арыштарын тең таштап келе жатышыптыр. Алар кичинекей кездеринде кучагын жайып күтүп турган энесине жүгүрүп келе жаткандай мээримдүү жылмайышат. Алар эки бурчунан кармап келе жаткан баракча чоң шейшепке айланды. Асан менен Үсөн энесине жаап коюп, өтө беришти. «Силерге, турмушка ыраазымын, балдарым!» Алардын артынан дагы солдаттар келе жатыптыр. Алар дагы чоң ак шейшепти энеге жаап коюп өтө беришти. Алардын артынан дагы эки солдат, артынан дагы экөө… Бардыгы Асн менен Үсөнгө окшош . Солдаттар кемпирге ак шейшеп жаап өтө беришти. «Ыраазымын силерге, кулундарым!». Үстүндөгү жабуу кемпирдин денесин жылытып, кандайдыр эбегейсиз балбан колдор аны алаканына салып, термелткенсип магдыратты. «О-о, өмүр –турмуш! Сен ушундай сонун, ушундай ширин белең! Сага нааразы болсом, кечир мени!». Картаң аялдын көздөрүнөн кулаган жаш кулагынан учуна токтоп, бермет сөйкөгө айлана берди…

Эртең менен бороон басылганда айылдыктар жолдун аркы бетинен кардын астында калган кемпирди таап келишти. Ал кучагын жайып, асманды карап жатыптыр. Өңүнүн жылуу мээрими али кете элек экен…

1966-ж.

 

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Байжиев М., 2005

 


Количество просмотров: 3909