Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Байжиев М., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-сентябры

Мар Ташимович БАЙДЖИЕВ

Чапайдын курман болушу

Кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат. Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт.

Байжиев Мар. Аңгемелер жана повесттер. – Б.: 2005 китебинен алынды

 

– Тынчтангыла, жолдош граждандар! Чапаев ойлоном дейт! – Тарс деген үн чыкты, бирок ызы-чуу басылбады.

– Чапай ойлонот деп, кимге айттым? – Петька катуу кыйкырды. Бирок бул сапар жанагыдай тарс үн чыккан жок. Петька ширеңкенин күкүртү оролгон бир үзүм кагазды таштын үстүнө коюп, дагы бир чапса араң эле чырт этти. – Чапай! Ок дары ным экен! – деди Петька

– Эмне үчүн! – Чапай анын көзүнө тике карады.

– Катуурак тарс этсин деп керосинге малгам, –деди Петька.

– Кургак дары тапкыла! – деген буйрук берди командир.

– Келе! Бул менин атым, өзүм сындырып алгам! – деп болток бет Бекжан узун чыбыкты талашты.

– Чырыңарды токтоткула! – Чапай ордунан турду. Башында чоң папаха, жеңил пальтонун топчулугун артына каратып казак орустун буркасына окшотуп желбегей жамынган, консерванын калайы капталган жыгач кылычына таянып, кабагын түйүп, аскеринин күчүн сынап, алдыда боло турган салгылашуунун планын түзүп, пулеметту кимге тапшырууну ойлонуп жатты, анткени пулеметчица Анка (Светка Сорокина деген короонун чүрөгү) бүгүн эртең менен Ысык– Көлгө, пионер лагерине кетип калыптыр.

Август айынын аптабы үйлөрдүн чатырын каарып, ал тургай көгүчкөндөр да ысыгына чыдабай тултуюшуп, көлөкөдө олтурушат. Бирок Юсуп баш кийимин да, пальтосун да чечпейт – буркасыз, папахасыз да Чапаев болчу беле!

– Жолдош командир, атты сындырып салды! – деди Петька

– Ким сындырды?

– Бекжан!

– Атып салгыла! – деп буюрду Чапай.

– Кинодо андай болгон эмес! – деп чырлады болток бет Бекжан.

Петька менен эки жоокер Бекжанды бактын түбүнө жетелеп барып, артка эки-үч кадам чегинип, мылтыктарын көтөрүп кароолго алышты.

– Огонь!

– Бах!

– Трах! Тра– Та– Та– Та!

– Бах!

Кылмышкер теңселип, көзүн жумду , тилин бултайта чыгарып, жайбаракат жерге жыгылды.

– Жоготкула! – деди командир.

Жоокерлер Бекжанды бери сүйрөштү, бирок тиги денеси сууй электе эле, жулунуп тура калды.

– Эми мен ким болом? – деди болток бет.

– Шпион болосуң?! – Чапай кесе айтып, топчусун топчулады.

– Ии-и! Анда мен силер менен ойнобойм! – Бекжан тултуюп обочороок жерге олтуруп алды.

– Ой!Сен эмне, таарынып калдыңбы? – деди Петька.

– Мени атып салганыңарга таарынбайм. Мен шпион болбойм. – Бекжандын көзү жашылданды.

– Дагы бир жолу атып салгыла! – деп буюрду Чапай.

Бирок Бекжан бели сынган «атын» сүйрөп үйүн көздөй жөнөдү.

– Мейли, кете берсин! – деди Чапай. – Команданы уккула! Петька, сен тамак-ашты бөлүштүр!

Петька кесим нанды алтыга бөлүп, чоңураагын командирге сунду.

– Чапай нан жебейт. Чапай конфет жейт! – деп командир койнунан мотоциклдин формасындагы кызыл момпосуй алып, тырс эттире астыңкы дөңгөлөгүн сындыра тиштеди.

Балдар нан чайнап Юсупту карап отурушту. Ал папахасын арта салып, катуу конфетти тырсылдатып кемирди .

«Душмандар» кызуу уйкуда болсо керек…

***

Коңшу короодогу балдардын да өз Чапайы, өз Петькасы бар. Былтыртан бери эки короонун ортосунда айыгышкан согуш күчөдү ..Тигилер өзүлөрүн биз кызылдар, силер актар десе, беркилер тескерисинче силер актар, биз кызылдарбыз дешет. Куруучулар эки короонун ортосундагы эски дубалды кулатып, бышкан кирпичтен жаңысын тургуза башташкан, бирок, негедир жерден бир метрче көтөрүп, курулушту токтотуп коюшкан. Ошондон бери эки короонун балдары эки жаат болуп ойношот. Алар үчүн курулбай калган дубал ыйык чек ара болду. Ар жактан бирөө өтсө, кудай бетин салбасын, аны кармап, байлап, короонун ичине катып, энеси же чоң кишилерден бирөө издеп келмейинче кое беришпейт.

Тигилердин да, булардын да «жоокерлерден» чогулткан акчалай фондусу бар. Акчасы белгилүү суммага жеткенде, «Чапаев» кинофильмине барышат. Балким бу жолу кызыл атчандар жарадар болгон тайманбас командирди аман алып калабы деп үмүттөнүшсө керек. Бирок бул жолу да Чапай курман болот. Балдар кинодон чыгып баштарын жерге салып шылкыйып жолго түшүшөт. Үн жок. Азыр эле Чапай жарадар болуп чөгүп кетти, Урал суусунун жээгинде тайманбас Петькага ок тийип өлдү. Залда олтурган балдар кыйкырып, ышкырып, шаштырышты, бирок биздин кызыл атчандар аларды аман алып калууга үлгүрүшпөдү.

Бир гана сегиз жашар Марат Чапайдын өлгөнүнө ишенчү эмес. Балдар ага кинонун мазмунун ирээти менен кайталап беришсе да ишенбейт. «Чапаев аман калды, биздикилер келип, актарды талкалады», – дечү Марат. Чапайдын курман болгону анын балалык сезимине сыйбайт . Ал эми дайыма Чапайды ойногон Юсупка Марат суктанып баш иет. Биринчиден, Юсуп улуураак, төртүнчү класста жалаң бешке окуйт. Уйүндө пиониносу да бар. Өзү ойнойт. Анын манжалары ак, жылмакай клавиштерге тийгенде: «до-ре-ми-фа-соль-ля-сии» – анан кайра «си-ля-соль-фа-ми-ре-до-о, — деп ылдый түшөт. Юсуптун бурап жүргүзүүчү машинасы, мотоцикли, эки дөңгөлөктүү велосипеди, ал тургай аты да бар. Апасы үйгө чакырганда, ал дароо аскерин таштап, атын жетелеп жолго түшөт. Балдар бир аз дал болуп калышат: командири жок да «согуш» болобу? Ал кайра келгиче күтүшөт. Чапаев бир кесим нан же тегереги бадыракай печенье алып келип жоокерлерине бөлүп бергенде, «согуш» кайра уланат. Кээде Юсуп көпкө дейре чыкпайт. Анда балдар эшигине келип:

– Юсуп, Чапай! Чыккын! Актар чабуул коюп жатышат! – деп кыйкырышат.

Бирок Юсуптун энеси – бою-түсү чырайлуу,жалтырак халат кийген аял чыгып:

– Силер эмне кыйкырасыңар, балдар? – дейт.

– Бизге Юсуп керек! Душмандар каптап келди.

– Юсуп чыкпайт. Ал музыка ойнойт. Анан атасы менен концертке барат.

– Анда бизге атын берсин… – дейт балдар.

– Атын бербейт. Аты эс алышы керек… – Юсуптун энеси ууртунан жылмайып, үйүнө кирип кетет.

«Жоокерлер» эмне кыларын билбей, нары жакта майда балдар ойногон кумга отуруп, бир нерселер жөнүндө талашып, же кичинекей теннис тобу менен футбол ойношот.

– И! Корктуңарбы, я! – деп кыйкырат «душмандар» берки короодон. – Коркоктор! Өл-а! Коркоктор!!

Бирок беркилер жооп кайтарбайт. Бир аздан кийин Юсуп үйүнөн чыгат. Ал ак носки, жаңы сандал, чолок шым, жибек көйнөк, саймаланган кызыл топу кийип, атасы колунан жетелеп концертке кетет.

Марат ал концерттерди түшүнбөйт.

Сахнага узун кара костюмчан адам чыгып, килейген скрипканы эки бутунун ортосуна коюп, талтайып отуруп алып ойной берет. Скрипкасы өтө оор болсо керек, анткени каадасынча мойнуна такабай эки тизесинин ортосуна кыпчып ойнойт. Ага кошулуп эч ким ырдабайт да! Өзү эле ойной берет. Бирок, негедир жүрөгүң козголуп, көзүң жашылданат. Ызаланганың же кубанычың эсиңе түшөт. Кечээ күнү энең агаңа жаңы батиңке сатып бергенин, эскисин сага бергенин эстейсиң. Эми аны кийип керели кечке топ тепсең болот. Жоголуп кеткен бешинчи чоюн солдат шкафтын алдынан табылып, беш жоокер терезенин текчесинде тизилип сени күтүп турганын эстейсиң. Айтор бул чоң скприпканын үнүн уга берсең, ар кандай ойлор келе берет.

Юсуп ал скрипка эмне жөнүндө ойноп жатканын билет, концерттен келип балдарга айтып берет, балдар назар салып угушат, бирок Светка Сорокинадан башка эч ким эч нерсе түшүнбөйт. Светка балет мектебинде окуйт.

Марат Юсупдай Чапай болбосун билет, балдар да ага баш ийбейт. Эңсегени: жок дегенде бир жолу Петька болуу.

Бирок Петьканы дайыма Алик Петров же ышкыбоз Андаш ойнойт. Анткени Чапай ординарецин өзү тандайт . Мындан бир нече күн мурда эки «Петька» тең кызылча чыгып ооруп, Петькага убактылуу Марат дайындалган.

Марат эртеңден бери өзүн нак Петькадай сезип, жоокердик тапшырмаларды кыңк этпей так аткарууда.

Чапай кылычын көтөрүп мотоциклдин арткы дөңгөлөгүн кычырата чайнады. Так ошол учурда алдына граната жарылды.

– Чабуулга-а! – деп кыйкырды Чапай. – Петька пулеметко!

Балдар снаряддарга чуркашып, душманга жооп кайтарышты. Айыгышкан «согуш» башталды. Душмандар көмүскөдөн аткылап жатышты, булардын шаштысын келтирбей басып калалы деген окшойт. Гранаталар дубалга, пулеметтун фанерадан жасалган калканына тарсылдап тийип, жарылып жатты. Топурактын күкүмү Мараттын башына тийип, коюнуна түшүп жатса да, ал аны сезбегендей. Анткени оюн ага чындай көрүндү.

– А-а, корктуңарбы?! – Марат гранаталарды ыргыта берди, ал салгылаштын кумарына батып, ок-жарактар түгөнүп баратканын сезген жок.

Душман чабуулга өтүүчү учурун күтүп жата берди. Алардын планы тоскоолдорду бузуп, фанерадан жасалган замбирек, пулеметторду алып кетүү эле.

Бирок Чапаев шашкан жок.

– Петька! Бери кел! – деп кыйкырды Чапай.

Марат мөндүрдөй жааган окту аралап сойлоп келди.

– Граната алып, көчөгө жөнө, мени күт, экөөбүз тылдан согобуз! Силер жакшылап коргонгула! – деп буюрду командир.

«Петька» шапкесине он чакты граната салып, Чапайдын артынан эки үйдүн ортосундагы жылчыкты көздөй сойлоп жөнөдү.

Юсуп үйүн көздөй чуркады, терезеден көчөгө секирип түштү да, Мараттын жанына боору менен жылып жетти. Чапайдын жоктугун байкаган душмандар дароо чабуулга өтүштү.

Коргонуп жаткандар чегине башташты.

– Огонь! – Чапай «ураалап» көмүскөдөн чыга калып, душмандарга топурак граната ыргытты.

Петька өзүн кадимки эле согушта жүргөндөй сезди. Ал тиштенип шашпай мээлеп,улам бир душмандын өзүнө тийгизип жатты. Мына, дагы бирөөнө тийди. Жумшак топурак быркырап «душмандын» жонунда кара так калтырды.

Актар бир аз далбастап калышты, бирок оң тараптан экөө гана чыкканын көрүп, жарымы ошол жакты аткылашты . Ок-жарактар түгөнө баштады. Айланада таштар жайнап жатат, бирок алар «согуштун» эрежесине ылайык келбейт, жумшак топурак гана колдонууга болот.

Бир маалда Чапайдын тизесине ок тийип, багелегинде кара так калтырды. Юсуптун өңү бузулуп, жерден таш алганын көрүп Марат:

– Чапай! Чапай! Таш алба! Таш менен урууга болбойт! – деп кыйкырды .

Бирок ызаланган Юсуп дубалга келип таш ыргытты. Сынган айнек зың этти.

– А-а, шүмшүктөр! Таш менен ура баштадыңарбы? – деп кыйкырган душмандар, жапырт көчөгө умтулушту. Алар он чакты экен.

– Кеттик! – Юсуп качып жөнөдү.

Адегенде Марат анын артынан чуркады, бирок тигилер үйлөрдүн ортосундагы ачык менен жолун тороп Чапайды колго түшүрүп аларына көзү жетти. Жылаңайлак буттардын дүбүртү жакындай берди. Марат токтой калып, бурулуп, качыргандарды көздөй тайманбай бет алып, граната ыргытты.

Тигилер тайсалдап токтоп калышты. Чапай узап кеткенде гана Петька акырындап артка чегине баштады.

Душмандар жакындап келди. Мараттын колунда бир гана граната бар .

– Колуңдагы ташты жерге ташта! – деп кыйкырды тигилердин Петькасы.

– Бул таш эмес! – деди Марат.

– Көтөр колуңду! – деп буюрду тигилердин Чапайы.

– Жок! – Марат гранатасын беркилерди көздөй ыргытып, ачыкты көздөй жөнөдү, артынан душмандардын «октору» жаады.

Бир топурак Мараттын ийинине, экинчиси бутуна тийди. Душмандар артынан кууп жөнөдү.

– Сабагыла! Туткунга алгыла! – деп кыйкырды тигилердин Чапайы. Юсуп– өзүнүн жоокерлерин чогултканга убакыт керек эле, ошондуктан Марат эки үйдүн ортосундагы ачыкты өзүнүн денеси менен кептеп, душмандардын жолун бөгөдү. Гранаталар анын ийнине, башына, далысына тийе берди. Петька тиштенип чыдады. Бирок Чапай– Юсуп келбеди, анын «ураа» деген үнү да угулбады.

– Токтоткула, азыр милицияга кармап берем барыңарды! Силер эмне урасыңар бул баланы, я? – деп кыйкырды кайсы бир аял.

Душмандар дыр коюп качты. Петька эки үйдүн ортосундагы жылчыктан чыгып, башындагы топуракты күбүдү, оң тизесинен кан шорголойт. Короого келсе , жоокерлердин бири да жок. Чапайдын карааны көрүнбөйт.

Ал эми Юсуп болсо бул учурда ваннага бекинип алып, баткак болгон шымын тазалап жаткан эле.

– Чапа-ай? – деп ыйламсырады Петька.

«Ок» тийген жерлери ооруп, бүткөн бою титиреди .Чапай жок. Жоокерлер да жок, алар Юсуп терезени таш менен талкалаганда, үйлөрүнө качып кеткен окшойт, Петька командирди коргойм деп эки үйдүн ортосунда кысылып калганын алар кайдан билсин. Бирок, Чапай мунун баарын көрбөдү беле! Марат баткак алаканы менен көзүн ушалап, бетине шыбады.

– Ай– и-ий! Шайтан баскыр! Үстүңүн баары топурак. Чочколор менен оонадыңбы? – деди энеси Марат үйгө киргенде. – Жуу бетиңди!

Кечинде баланын эти ысып, доктор чакырууга туура келди.

Алкагы алтын көз айнек тагынган ак чач доктур келип Маратты көрө баштаганда, ал көзүн ачпай жата берди.

– Балким, Валерий Данилович, кызамык болуп жүрбөсүн? – деп чочулады энеси.

– Денеси ысып чыгыптыр, бир аз аспирин жана анардын ширесин бериңиз, – деди доктор. – Атасынан кабар барбы?

– Эртең майданга киребиз деп кат жазган, андан кийин кабар жок, – деп үшкүрдү энеси.

– Атасы жокто бул тентектерди багуу да оңой эмес го, – деди доктор.

– Ооба… дегеле колго токтобойт… Эртеңден керели кечке көчөдө, мен кызматта. Мурда күнү концерт көрөм деп паркка чуркап кетиптир. Милиционер аны дубалдан түшүрүп, үйгө алып келди…

Валерий Данилович рецепт жазып кетти.

Марат ызаланып ыйлагысы келди, бирок аз аздан кийин уктап калды.

– Энеке! Эне! – деп түн ортосунда чакырды бала. Энеси далбас уруп жанына келди. Марат жөөлүп жатыптыр.

– Эне! Чапайды өлтүрүштү! Менин Чапайым курман болду! – деп бала энесинин жылуу көкүрөгүнө башын катты.

– Сага эмне болду, кулунум? Кимди өлтүрдү?

– Жанымдан кетпечи, апа, – деп өпкөлөдү бала.

– Кетпейм, кагылайын. Мен сенин жаныңан кантип кетейин, кулунум, эч качан кетпейм, берекем. Ыйлабачы. Атаң сатып берген чоюн желдеттериңдин дагы бирөөнү таптым. Жакында бардыгы табылат, кайра он болот. Атаң жоготпо дебеи беле. Мына, көрдүңбү?..

Терезенин текчесинде чоюн солдаттар буйрук күтүп– турушту. Алардын айбаттуу кеменгери өмүрүндө биринчи жолу чыккынчылыкты өз башынан өткөргөндө гана аздек Чапайы курман болгонуна ишенип ыйлап жатты. Бирок «Петкага» жалынып жалбарып назаарын салган аял да, какыйып турган жоокерлер да анын жүрөгүндөгү трагедияны түшүнүшкөн жок. Анткени аял анын – энеси, жоокерлер болсо – чоюндан куюлган. Жүрөктөрү да чоюн…

1962-ж.

 

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Байжиев М., 2005

 


Количество просмотров: 896