Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Байжиев М., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-сентябры

Мар Ташимович БАЙДЖИЕВ

Бир тоголок самын

Кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат. Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт.

Байжиев Мар. Аңгемелер жана повесттер. – Б.: 2005 китебинен алынды

 

– Ошентип менин атам киши өлтүргөн, – деди Турусбек. Ал тымызын соккон желге билинер-билинбес шуудураган жалбырактарды тиктеп, эчаккы болгон бир окуяны эстеп жатты окшойт.

Кичинекей үлүлдү жерден алып кармап турсаң, эки мүйүзүн сербейтип чыгарат, ал эми катуураак кыймылдатып койсоң, дароо седеп үйүнө кире качат, анан аны эмне кылсаң да чыкпайт, чукулап кыймылдатсаң, ого бетер жабышып, ары, так уюгуна кирип алат. Эгерде тийбей оюна койсоң, бир аздан кийин өзү эле текедей койкоюп чыга келет. Бала кезде мындай көрүнүштү далай жолу байкагандырсыздар.

Биз да солк этпей, үн катпай отура бердик.

– Бирок кеп мында гана эмес… – деп улантты Турусбек аңгемесин. – Согуш жылдары… Каатчылык. Айылдагы аскерге жарактуу эркектердин бири калбай майданга кетишкен. Мен анда жаш бала болчумун. Энем көбүнчө үй оокаты менен алек, ачуусу чукулураак адам эле. Бир буркандап алса атам экөөбүзгө күн көрсөтпөйт, ал эми атам болсо эч кимге пайдасы да, зыяны да тийбеген адам, бирок, кез-кезде ичип коймою бар. Айрыкча, Мырзабек зөөкүр деген досу кезиксе ичпей койбойт.

Кээ бирөө мас болсо кыжырланат, кээ бирөө тескерисинче, душманын да кечирип, өбүшүп, мээримдүү болуп калат эмеспи. Атам да ошондой киши: ичип алса момун болуп, каткырып күлүп, мени эркелетип, энем эмне дебесин кың дебей тилин алчу. Бирок, мыйндайда энем чатак чыгарчу, атамды тилдеп, мени каргап-шилеп үйдөн кууп чыгып, тамак бербей жүдөтчү. Атам энемден кадимкидей коркот.

Биздин үйдө болуп жаткан окуяларды эч ким билбейт. Дарбаза жабылуу, итибиз кабаган. Атам Мырзабек досунан башка менен сырдашпайт. Кээде, энем үйдө жокто сарайга кирип алышып, ичкилик ичишет, мындайда көбүнчө Мырзабек сүйлөйт.

– Ой, ушу сен да эркексиңби? Катын дегенди көп чойроктотпой бек кармаш керек. Зайыбынан корккон эркек адам эмес. Ал жөн эле бир жан! Кана, сенин кайратың үчүн! – деп бакылдап жатканын нечен жолу уккамын. Бала кезимде турмуш мени көп эркелеткен жок. Үйдө жанагыдай талаш-тартыштар күн алыс болуп турат. Энем атамды тилдегенде менин да «өлүк тиригимди» кошо көргүсү келип калат. Бирок, турмуш канчалык оор болбосун, үйдөн канчалык тил угуп, зээниң кейибесин, бир адамды көргөндө баарын унутам – бул Зайра.

Зайранын атасы согушка кеткен, энеси Сурмаш болсо бир-эки айдан кийин айылда дүкөн кармаган төкөр Маамыт менен баш кошуп, Казакстанга көчкөн. Зайра энеси менен кошо кетүүнү каалабай, чоң энеси Аалкандын колунда калган. Алардын үйү көчөнүн аркы башында. Кечинде энем «баланчаныкынан сүт алып кел» деп колума карапа берет, бирок, мен кимдикине жиберсе да сүттү Аалкан чоң энемен сурап келем. Айылда саат алты-жетилерде эл орунга отуруп, от жагыла баштайт, бул маалда мени кайда жумшаса кыңырылып үйдөн кетпейм, анткени, «балким Зайра биздикине от сурап келип калабы» деп ойлойм, бирок, ал келбейт. Ырас, бир-эки жолу көөмп койгон оту өчүп калыптыр, эмнегедир ортодогу үйлөргө кирбей биздикинен алып кеткен, андан кийин түк келген жок, ошондой болсо да «келип калабы» деген үмүтүм өчпөйт.

Зайра менден кичүү болсо да, экөөбүз бир класста окуйбуз. Мында жашыруун сыр бар, аны өзүмөн башка эч ким билбейт. Мен жетинчиде окуп жүргөндө, ал алтынчыда болучу. Адегенде 7 класс менен 6 классты бир бөлмөдө, бир мугалим окутчу, анткени, муглимдердин көбү согушка кетип, мектепте төрт гана окутуучу калган. Мындай системаны «карликовой» деп коюшчу эле. Сегизинчини өзүнчө мугалим окутчу. Байкасам, 6-га келгенде Зайра экөөбүздү эки бөлүп жибере турган, окууну бүткөндө, бир институттан окусакпы деген үмүт да бар эле. Ошондуктан, мен жетинчиде дагы бир жыл калып, Зайраны күтүүнү туура таптым. Албетте муну анын өзүнө да айткан жокмун.

Үчүнчү чейректен баштап сабакка көп келбей, келсем да үй тапшырмасын аткарбай, аткарсам да эсебин туура чыгарбай, жазуусун атайылап ката жазып келүүчү болдум. Буга мугалимдер таң калат, анткени мурда жакшы окуучумун. Директорубуз мени бир нече жолу кабинетине алып кирип жакшы да, жаман да сүйлөшүп көрдү. Айласы кеткенде үйгө барып ата-энеме даттанып таяк да жедирди, Бирок, мен өз максатымдан кайтпадым. Ошентип, жетинчи класка көчпөй калдым, ырас, ата-энем, ага-туугандарым бир топ капа болушту, чогуу окуган классташтарым да ызалабай койгон жок, бирок, мен ойлогон оюма, алдыма койгон максатыма жетиштим – эмдиги жылы Зайра экөөбүз бир класста окуйбуз, балким бир партага отурабыз, анан Пржевальскиге барып педагогикалык техникумга киребиз, муну эстегенде башыман өткөн мага сокур тыйынчалык да болбой калат.

Биздин айыл абдан көркөмдүү жерден орун алган, жери да өтө жакшы. Семиз, бир гана жетишпегендиги – суу жок. Айылдын бери четинде чоң алыш бар, бирок, анын суусу бат эле соолуп, аштыкка да жетпей калат.

Ырас, азыр канал салынып, ГЭС курулду. Бирок ал кезде суу маселеси кыйын эле. Кышында кар эритип ичебиз, жазында болсо кыядан түшүп, эки-үч чакырымдай жерден, Жыргалаңдын так өзүнөн чакалап ташыйбыз. Албетте, бул оңой жумуш эмес. Өзүмдүн да кыйыгыраак кыялым бар эле, чаканын үнү шылдыр эткенде эле дыр коюп качам, апам: «Э, кокуй, жанагы дүмүрөйгөн шайтан азыр эле ушул жерде турат эле, заматта кайда житип кетти», – деп сыйпалап калат. Ал эми чукул жерден колго түшүп калсам, «белим ооруду, бутумду чыгарып алдым» деп атам өзү ишке киришмейинче тултуюп барбай коем. Бирок, кээде таптакыр башкача болот.

Зайранын чөйчөктөй чакасы болор эле, ал апкечин назик ийнине коюп, кыяны көздөй баратканын көрсөм, чымын-куюн болуп үйгө жетем.

– Апаке, суу алып келейинби?

– Ии, ботом, сени кайсы кудай жалгады?

– Алып келейинчи, апа! Суунун зыяны тийбейт.

– Кечээ атаң экөөлөп араң эки чака алып келтирдик эле, эми эмне болду? Таяк сага майдай жагат го, уулум. Суу бар. Кечинде алып кел.

Бирок мен ал сөздөрдү угуп отурууга чамам жок. Шапа-шуп чакадагы сууларды очоктогу чоң кара казанга шарылдатып куя салып жөнөйм, апам таң калып карап калат. Мен болсом чаңды буркулдатып чуркап отуруп Зайрага жетем.

– Зайраке, кайда баратасың? – деп сурайм билип турсам да.

– Сууга. Сенчи?

– Мен да, чогуу баралы ээ?

Зайра унчукпай башын ийкейт. Тал-тал өргөн чачтары сеңселе түшөт. Бир топко дейре унчукпай жүрүп отурабыз, анан Зайра үч чоң седеп тагылган жашыл баркыт бешмантын чечет да ийнине апкечтин алдына төшөйт.

– Ийниң ооруп кеттиби, Зайраке?

– Жок, жөн эле, – ал кандайдыр түшүнүксүз күлүмсүрөйт, ийини талып кеткенин менден жашыргысы келет, бирок, чакаларды өзүм көтөрүп алам. Кыздар өзүнчө бир кызык калк болот экен. Мурун төртүнчү, бешинчи класстарда окуп жүргөндө чогуу эле ойной берчүбүз. Ал тургай биз менен кошо мугалимдерден жашынып чүкө да атыша кетчү, бирок, бир топтон бери Зайра кандайдыр башкача болуп кетти, дайыма менден да, башкалардан да, ал тургай бүт дүйнөдөн уялып тургансыйт. Чүкө ойноп, тезектен чылым оромок тургай элдин көзүнчө жаныма келип, мени менен сүйлөшкөнүн да койду. Билбейм, эмне экенин. Бара-бара мен да уялчаак болуп кеттим.

Жыргалаңдын боюна жеткенде ызы-чуу салып сууга түшүп жүргөн балдарды, кыздарды көрөбүз, биз да түшөлү десем, такыр болбойт.

– Кетеличи. Үйгө суу керектир! – дейт ал.

– Кетсе кетели.

Кыядан бир аз көтөрүлгөндө, төө куйрук баскан дөбөлөр бизди сууга түшүп жаткан бала-чакадан далдалап калат. Мен Зайранын эки чакасын сол ийниме салам да, өйдө көздөй дыңылдайм.

– Киши келе жатат, берчи өзүмө, – дейт Зайра, чакаларын өзүнө берем, анткени, кыздын чакаларын көтөрүп жүргөнүмдү балдар көрсө, шылдың кылат деп чочулайм. Алдыдан чыккан адам бизден ылдый түшөрү менен Зайранын чакаларын кайра алам. Ал дайыма алдыда басат. Өтө тик жерлерде мага жупжумшак колун берет, мен чакаларымды кылтылдатып, анын колун кармап, бир-эки кадам басары менен, ал колун тартып алат да кете берет. Зайранын эки кулагында эки кичинекей сөйкөсү бар, алар алтын да эмес, асыл таштан да эмес, бирок, мен ошол эки кичинекей нерседен көзүмдү албайм, алар мага дүйнөдө баа жеткис кымбат заттардай көрүнөт. Мындайда мен Зайранын кежегесиндеги майда, аз-аз тармалдашкан жумшак чачтарына колумду тийгизгим келет. Бирок, кол барабы!

Эгин орулуп бүттү, сары жалбырактар шуудуруап жерге түшө баштады.

Кыя. Зайра экөөбүз суу көтөрүп чыгып келе жатабыз, күн бүркөк. Бир кезде көмкөрүлгөн асманды эбегейсиз чоң соп камчы менен бирөө шылый чапкан сыяктуу чагылган жарк эттире эки бөлдү, күндүн күркүрөгөнү кулак тундурду. Коркуп кеткен Зайра алайып мени карады.

– Эмне, коркуп кеттиңби?

– Жок, жөн эле, мен эч качан мындайды көргөн эмесмин.

– Коркпо, мындайдын далайын көрөсүң, – деп күлүп койдум мен. Ошондо Зайра бул чагылганды, бүркөлгөн асманды гана эмес, жаркыраган күндү, жымыңдаган жылдыздарды, учу-кыйрына көз жетпеген алтын талааларды, ийри-муйру болуп жалтырап алдыбызда жаткан Жыргалаңды, тээ тэтиги ыраакта, билинер-билинбес көгөрүп асман менен кошулушкан Ысык– Көлдү акыркы жолу көрүп турганын билсем, балким башка сөз айтар белем.

Дагы чагылган жарк этип, дагы күн күркүрөдү. Ботонун жашындай чоң-чоң тамчы тарс-тарс этип жерди чаңдатты, биз кол кармашып кыядан чыгып кетүүгө шаштык. Өлгөн жыландай ийрилген жол кыймылга келип, биз канчалык ылдамдасак, ал ошончолук узаргансыйт. Асканын жанына келгенде кара нөшөр калбырдан төккөндөй шатыратып жиберди. Чакалардагы сууга чопулдап жаан кошулуп ташыды. Чоң үңкүр бар болучу, үй салгандар илгертен бери кум алышчу.

– Жүрү, үңкүргө! – мен Зайранын колунан тарттым. Ал жерге жеткенче экөөбүз тең шөлбүрөп суу болуп кеттик. Үңкүргө кирер замат үстүмдөгү чылгый суу болгон көйнөгүмдү чечтим да, сыгып кайра кийдим.

– Сен да ушинтип албайсыңбы, суук тиет, – дедим Зайрага.

Бирок, ал мени карап кандайдыр түшүнүксүз жылмайып жер карады.

– Суук тиет! Күн суук! – деп дагы айттым.

– Эч нерсе эмес… – ал дагы түшүнүксүз жылмайды. Зайранын саал тармалданган, көмүрдөй кара чачтары маңдайына, жаактарына жабышып, ээгинин учунан сымаптай мөлт-мөлт этип жаан тамчылайт, майда жашыл гүлдүү, жупжука көйнөгү денесине кыналып, кыздын татынакай, келишимдүү мүчөсүн дааналап турат. Чуркап келгендиктен ал энтигип катуу дем алат. Көкүрөгү болсо… Ооба, эми баарын түшүндүм! Суу көйнөгү жабышкан көкүрөгүн көргөндө бир чети таңыркап суктандым, бир чети уялдым, ал тургай жүрөгүмдү кандайдыр бир кубанычтуу кыял жылыткансыды. Эмнеге кубандым экен ошондо. Балким Зайра чоңоюп, бойго жете баштаганына сүйүндүмбү, билбейм. Кыз муну байкап калган окшойт, эки колун бооруна алды да, ары бурулуп кетти.

– Үйгө кетеличи, – деди Зайра.

Мен көйнөгүмдү кайра чече коюп үстүнө жаптым, бирок, ным болгон көйнөк кантип жылытсын.

– Жаан катуу! Суубуз булганат, – деди.

– Сууну төгүп салалы!

– Кереги жокпу? Анан эмне үчүн бардың Жыргалаңга? – Мен аны тигиле карадым. Зайра уурусун карматып койгонсуп, үңкүрдүн бооруна жабышкан кичинекей ташты чукулап калды.

Мен дагы сурайын дедим, бирок, биздикинде да бүгүн эки чоң казан, күмүш самоор, эки чара толтура суу бар экени эсиме түшүп, эмне айтарымды билбей далдайып тура бердим.

– Зайраке, үшүдүңбү?

– Жок!

Зайра үңкүрдүн үстүнөн шорголоп жаанга алаканын тосуп, анын тарсылдап колуна тийип чачырап жатканын карап турат.

– Зайра!..

– Турусбек!..

Менин бетиме анын суу болгон чачтары тийди. Унчукпайбыз… Эки колум эки канат болуп жер бетине алтын нур чачкан күндү көздөй таптакыр башка дүйнөдө, жомокто учуп бараткансыдым.

– Кетели. Батыраак, кетели, – деген үн гана мени асмандан айдап жерге түшүрдү. Зайраке чакадагы сууларды төгүп жиберип, кыя менен өйдө чуркады, мен артынан жөнөдүм, жаан дагы эле басылбайт. Кырга чыкканда эки-үч атчан караан көрүндү. Бул бизди издеп келе жаткан адамдар экен.

– О, монтоңдогон шайтандар, үйдөгүлөр издеп чакчелекей түшүп жатышпайбы! – деди алардын бири.

Чакаларыбызды аларга берип коюп, кол кармашып үйдү көздөй чуркадык. Буттарыбыз тизеге дейре баткак. Үстүбүз шөлбүрөп суу, жаан бетибизден он талаа болуп шорголойт, эриндерибиз көгөрүп кетиптир, бирок, мен мунун бирин да сезген жокмун. Жүрөгүмдүн жалыны бүткүл ааламды жылыткандай. Зайра да мени карап коюп майрамдуу күндөй жылмаят. Ал өз үйүнө чуркап кетти.

Апам мени жемеледи, кулагыман чоюп, шилиге да бир-эки жолу берип калды окшойт. Бирок, аны туйган жокмун, анткени, ойлорум, сезимдерим, кыялдарым – бардыгы башка жерде, жанакы үңкүрдө, Зайранын жылмайышында, анын жылдыздуу маңдайында эле. Жок, мен ал күндү эч качан унутпайм. Андай күн эч кимдин турмушунда болбойт. Ошол күнү менин көкүрөгүмдө көптөн бери уктап жаткан өтө чоң бир нерсе ойгонуп, кыймылга келип туйлап, өзүмдү элиртип, сезимге, кыялга мас кылгансыды. Ал түнү уктамак кайда! Таңды таң аткыча канаттуу ойлор алып учуп уктатпады. Таңга жуук атамдын чий баркыт чепкенин жамынып эшикке чыктым. Ай жапжарык, асман чайыттай ачык. Миллиондогон жылдыздар күндүзгү жаанга таптаза болуп жуулганысып жаркырашат. Бирок, бир жылдыз бардыгынан мээримдүү болуп, ааламга башкача нур чачкансыйт – ал Чолпон. Менин Чолпонум… Менин Зайрам… Зайракем. Аба кандайдыр башкача жеңил жана тунук, талаа жактан жердин,эгиндин жыты аңкыйт… Кандай сонун! Турмуш да ушундай укмуштуу, ыракаттуу… Тигине менин жылдызым, менин бактым. Колумду сунсам эле Чолпонума жетем, ал жапжакын.

Жанатан бери алаканымды жылуу тили менен жалап жаткан Кумайыкты эми гана байкадым.

– Чык! Кудай урган! – Колумду чепкенге аарчыдым.

– Э, Турусбек! Эмне уктабай жүрөсүң? Күндүз калкостун уругунан жегенсиң го күпүлдөтүп, кара баскыр, бас үйгө, – деди энем. Мен чочуп кеттим.

– Жок, – деп үйгө кирдим.

Таң атты! Эми күн чыгат, анан мен Зайракени көрөм, мен жөнүндө ойлоп жатты бекен?

Бирок, ал күнү Зайра үйүнөн чыккан жок.

Кийинки күнү энем экөөбүз короодо бир жумуш кылып жүрдүк эле, көчөдөн таягын артына алып Зайранын чоң энеси өтүп бара жатыптыр.

– Иш илгери болсун, келиним, байың келгенде биздикине бир келип кетсинчи, жанагы менин жаман кызым мурда күнү жаанда сууга барып, суук тийип калган окшойт, жөтөлүп, эти ысып калыптыр, – деди да кете берди.

– Макул, жеңе, айтайын эрте келсе. –Энем кайдыгер жооп берип тезек чампалай баштады.

Атамдын бир кесиби жөнүндө айтпай кетиптирмин. Айылдагы келиндер аны «тамырчы аке» деп тергешет. Чындыгында эле атама келип тамырын карматып, суу ич десе суу ичип, май ич десе май ичип жүргөндөрдү да көргөмүн. Зайранын чоң энеси атамды чакырып жатканынын себеби да ошол. Зайра ооруп жатат дегенди угарым менен энемди ары-бери алаксытып туруп Аалкан чоң энемдикин көздөй чуркадым.

Шарт эле кирип барып Зайракенин ал-жайын билейин дегем, бирок, дарбазасына жеткенде тартына түштүм. Алардын карала ити чолойгон куйругун эрбеңдетип мага шыйпаңдады (мени жакшы таанычу эле). Кантип кирсем? Мурда кире берчү элем, эми эмнегедир уялам… Ары-бери чебелендим, кире албадым, айлам кеткенде, короого кирип терезеден карадым. Зайра бир нерсени тигип, төшөктө жатыптыр, мени селт карады да, кубанычтуу жылмайды. «Кандай?» – деп башымды ийкедим. Ал: «Эч нерсе эмес, жакында айыгам», – дегенсип жылмаюусу менен жооп берди. Артымды карасам, Зайранын чоң энеси келе жатыптыр, жылт койдум. Үйгө келсем, энем дагу урушту, каадасынча мени өлүгүмдү да, тиригимди да кошо көргүсү келип калыптыр.

– Атаңдын жаңы куюшканы кайда, калаага барганатат!

Сарайдан куюшканды алып чыгып, атты токудум. Үйдө атам менен Мырзабек зөөкүр бабырашып отурушуптур. Экөө тең кызуу.

– Ой, абышка, базарга барсаңар мына бул көрпөнү сатып, бир ашмүшкө мамиле чай, бир тоголок самын ала кел, эртең кир жууйм! – деди энем. – Ичип алып жүрбө акчаны, мындан башка бир тыйындык эч нерсе жок!

– Мен кошо бара жаткан соң, кам санабай эле кой! – Мырзабек зөөкүр күркүрөп, атамды далыга чапкылады. Согуш жылдары чай, самын, ширеңке, туз, керосин деген нерселер өтө каат болучу. Чайдын ордуна көбүнчө зардепти күйгүзө кууруп жиберип ичер элек. Баарынан да самын тапмак кымбат. Бир тоголок самын отуз-кырк жумуртканын баасына келет. Атамдар энем берген кичинекей көрпөчөнү, дагы бир нерселерди куржунга салып, Пржевальскиге жол тартышты. Ал күнү мен Зайралардын терезесине төрт-беш жолу бардым окшойт. Түн киргенде «акыркы жолу» деп дагы бир бардым, бирок, Зайралар шамын өчүрүп жатып алышыптыр.

Эртеси кечке жуук атам менен Мырзабек келди, экөө тең өлгөндөй мас, тилдери булдурап сөзгө келбейт. Экөө эки мүшөк картошкадай болуп күп этип ээр-токумдарынан ооп жерге түшүштү.

– Жөн кой, өлсүн экөө тең ушул жерге жатып! – деп алкынды энем. Бирок, мен атамды да, Мырзабек абамды да сүйрөп үйгө алып кирип, өтүктөрүн чечип жаткызып койдум.

– Сени шашпа, масың тарар, эртең менен эсиңе келерсиң, ошондо көрсөтөм сага базарлаганды! – энем кагынып-силкинип эшикке чыгып кетти.

Эртең менен бакылдашып, энем менен атам урушуп жатканын угуп ойгондум.

– Жогол үйдөн! Төшөгүмөн айлан! Мындан көрө согушка кетип, ошол жактан өлсөңчү элдей болуп! Чык сасыбай! – деп энем эки көзү шишип, чачы үрпөйгөн атакемди жулкулдатып жаткан экен.

– Ой, мен сага эмне кылдым? – деп күңгүрөйт атам.

– Кокуй-ий, кокуй! Эмне кылдым дейт турбайбы! Эми кайда барам? Жогол үйдөн! Кана, кечээки көрпөнүн акчасы? Кана, чай?! Кана самын?! Ой, самын кана дейм, кулкунуңа келгир!

– Кайсы самын?

– Кечээ Мырзабек экөөңөр ичип алган самын?!

– Ичкен эмеспиз самынды!..

– Кана ичпесең?

– Тиякта… тиги кимдикинде калып калыптыр…

– Жогол. Ошол самынды таап келмейинче үйгө кирем деп ойлобо! Жогол үйдөн, сен да жогол быянкеч атаң менен, көгөргөн чечек, – деп мени да шилиге бир муштады. Атам экөөбүз ээрчишип чыгып кеттик. «Мен го макул, баламын, анан атам эмне коркот, түртүп жатканда жаакка бир чаппайбы», – деп да ойлоп кеттим, анткени кыжырым аябай келди. Мырзабектикине барсак ал шашпай, үшкүрүнүп чай ичип олтуруптур, аялы эстүү окшойт, эч нерседен сыр алдырбай жымыңдап бизге чай куйду.

– И-и, Моке, эртелеп келип калыпсың уулуң экөөң! – деди Мырзабек атама.

– Кечээ экөөбүздү кудай уруп салган турбайбы. Кемпиримдин самын ал деп берген акчасын ичип коюптурбуз, уулум экөөбүздүү кууп чыкты, самын таап келмейин үйгө киргизбейм дейт түгөнгүр. Бир айла таппайсыңбы, менин долумдун сырын билесиң го өзүң.

– Да-а, эмне айла табыш керек? – Экөө тең ойлонуп калышты.

– Самынды кайдан табасыңар, эч кимде жок, табылса да өтө кымбат, – деп шыңк этти Мырзабектин аялы. Аңгыча эшиктен кичирээк бала чуркап келди:

– Моке, сизди Зайранын чоң энеси келип кетсин дейт.

– Мени эмне кылат экен ал кемпир?

– Зайра ооруп жатат, дем салып берсин дейт.

– Эртең барам деп айтты де. Азыр убакыт жок…

Өзүбүз чоң түйшүктөн кантип кутулаарыбызды билбей айлабыз кетип турат.

– Ай, токто! Моке! Айла таптым! – Мырзабек атамдын кулагына бир нерселерди шыбырады, атам болсо жок жерден айла тапкандай башын ийкеп: «Азыр барам», – деди келген балага.

Бала чуркап кетти. Мен атамды ээрчип барайын дедим, бирок, атакем:

– Бар, жанакы кабыландай жулунган көк жал энеңе «самыныңды азыр алып келет» – деп айт, – деди

– Силер менен барам.

– Дем салганды көрө элексиңби, бар үйгө! – деп зикилдеп коюп,

Зайралардыкына кетти. Үйгө келсем апам чырылдап киргизбей койду.

– Азыр алып келет самынды, – десем да болбойт. Айла жок, короодо олтурдум. Бир кезде атам келди. Колунда кагазга оролгон бир тоголок кир самын жүрөт. Ал күнү энем кир жууду, мен далым жооруганча суу ташыдым. Караңгы киргенде Зайранын терезесине бардым, ал энесине «Каныбекти» окуп берип жатыптыр, шек алдырбай бир топко дейре карап турдум. Бир кезде атам кирип барды да, Аалкан чоң энеме кагазга оролгон нерсени берди, жакшылап карасам жанакы самындын калдыгы экен.


– Мынакей, дубалап келдим, киринт, – деди атам. Аңгыча коңшунун ити караанымды көрүп дарылдап үрө баштады, үнүң өчкүр. Кетүүгө туура келди.

Үйгө келсем энем:

– Жанакы самындын алкындысын көрдүңбү? – деп сурады.

– Жок!

– Жоголуп кет! Ушул эле жерде турбайсыңбы сайгактабай, үйгө кирип чыкканча самынды бирөө алып кетиптир, – деди да, менин өлүгүмдү да, тиригимди да көргүсү келип турганын билдирди. Жана атам Зайранын энесине берген ошол самындын алкындысы экени шексиз, бирок, аны энеме кантип айтам, уруш-талаш кайра башынан башталат да. Энем эртеси да түшкө үйгө келгендердин баарына жоголгон самын жөнүндө, акча жөнүндө айтып, төртүнчү күнү гана араң унутту. Ошол күнү Зайранын оорусу күчөп, жөөлүп жатат деген кабар угулду. Мен муну угар замат алардыкына чуркадым, тартынбай эле тышкы үйгө кирдим. Анда бир-эки келин менен колхоздун бригадири олтуруптур. Зайрага тууган сөрөй неме болчу.

– И, боз бала, келип калыпсың, сүйлөчү! – деди ал мага.

– Зайра оору дейт, көргөнү келдим, – деп шашып калдым.

– Тигини карасаң жашабагыр! Эмитеден күйөөлөп жүрсөң, кийин кайда барасың? – Бригадир өзүнүн куудул сөзүнө өзү жыргап күлдү, беркилер да жылмайды. Мен уялып кыпкызыл болуп кеттим.

– Жетишет, сенин дарыкер атаңдын көргөнү. Же сен да дубалап берем деп, кемпирдин самынын алдап кеткени турасыңбы? – Ал мени ачуулу көзү менен карады.

– Э, кичине бала, ким менен бакылдашып жатасың? – деди ички үйдөн Зайранын чоң энеси.

– О, жанакы самындын теңин алдап кеткен дарыкердин уулу келиптир.

Мен кирерге тешик таппай ары-бери кайсалап турдум да, жылт эшикке чыгып кеттим. Артыман: «Жашабагыр, тигини карасаң, азыркы балдар ушундай», – деген шылдыңдар угулду.

Мырзабек атама эмне деп шыбыраганын, атам самындын айласын кандайча тапканын, анан ал самын кандайча энемдин колуна түшүп, кайра Зайралардыкына жеткиргенин мен эми толук түшүндүм.

Эртеси да Зайра эсине келбептир. Жанакындай шылдыңдан коркуп, эми Зайранын терезесине барганды да койдум. Кийинки күнү согуштан Зайранын атасы курман болгондугу жөнүндө кагаз келди.

Байкуш кемпирдин жалгыз небереси тигинтип өлүм алдында жатса; «Жалгыз уулуңан айрылдың» деп кантип угузабыз, – дешип кара кагазды убактылуу жашырып коюшту.

Зайракемдин абалы күндөн-күнгө начарлай берди. Мен болсом жөжөсү сууга түшүп кеткен күрпүчө айлам кетип ары-бери чебелендим. Жарк эткен шамым күндөн-күнгө үлбүрөп өчүп бара жатат! Таңды таң атканча көз ирмебей, ойлорумдун бардыгы Зайрада, экөөбүздүн жаанда шөлбүрөп кыядан келе жатканыбыз, анан үңкүрдөгү татынакай болуп мөлтүрөп мени карап жылмайышы көз алдыман кетпеди.

Бир күнү таңга жуук терезени бирөө какты.

– Бу ким? – дедим тура калып.

– Турусбек, атаң үйдөбү?

– Ооба.

– Чакыр, батыраак. Зайранын шайманы бошоп калды.

Бирөө мени оор нерсе менен төбөгө чапкансып, көзүм ымыр-чымыр, башым кеңгирей түштү.

– Бол бат, атаңды чакыр! – деген үн өтө ыраак жерден угулгансыды. Мен калтырап атамдар жаткан бөлмөгө кирдим. «Аталап» бакырсам да, үшкүрүп-бышкырып ойгонбой койду.

– Кечинде ичип келген, ойгонот дейсиңби? Өзүм барайын, – деп, энем туруп кетти.

Энем таң атканда келип:

– Байкуш кыз, эки-үч жолу ары барып, бери келди. Чарчап калса убалы атаңа калат, – деп ыйламсырады.

Мен түшүнбөй энеме жалдырадым.

– Бая күнү сууга барганда кичине тумоолоп калса керек. Атаңды дем сал деп чакырса, тамырын кармап көрүп: «жакшылап киринтип туруп, жаш сорпо бергиле», – дептир. – Энем бир нерседен шек алгандай мени карап алды да, ички үйгө кирип кетти.

Ал күнү ат жиберип Түптөн Алексей Степанович Кривоносов деген докторду чакырып келишти (айылдагылар аны Кривонос деп коюшчу) ал жылдары далай адамдын жанын алып калган. Айрыкча айылда кара тумоонун эпидемиясы тарап кеткенде, өзү эси ооп жыгылып калмайынча күн дебей, түн дебей айылды кыдырып укол куюп, ооруларга дары берип, төшөнчүлөрдү дезинфекциялап иштөөчү эле. Кривонос Зайраны көрүптүр да: «Айла жок, кайрат кылыңыз, байбиче», – дептир. «Дарты эмне экен?» – десе: «Мурун анча-мынча суук тийсе керек, анан кабылдап кетип эки кабыргасынан тең сезгениптир, мени мурунтан чакырганда айла болор эле», – деп жооп бериптир.

Ошол түнү Зайра таңга жетпей калды…

***

Мына болгон иш… Адамдын өмүрүндө бир гана сүйүү болушу мүмкүн… Зайраке… Ал дайыма көз алдыма келет, күлүмсүрөйт. Кийинки жылдары анын өңү, түсү туман баскансып унутулуп баратат. Жылдар… жылдар, бирок, жылмайганы. Эки кичинекей алтын балыктай жылтылдаган сүйкөсү дайыма дапдаана көз алдымда.

Турусбек чөнтөгүнөн сигарета алып тартты да, унчукпай калды.

– Эмне үчүн сен күнөөнүн бардыгын атаңа коесуң? Оорусу катуу болсо ким болбосун айыкпайт да, – деди жанатан бери унчукпай көзүнүн жашын көлдөтүп олтурган Рапия.

– Албетте! Албетте атам кылды кылгылыкты! Анын боштугу, анын мажрөөлүгү. Ал энемден корккондугунан жанакындай жок дарымдоону таап, сабатсыз караңгы кемпирдин самынын алдап алып отурбайбы. А Зайра болсо эмне? Жетиле элек кыз. Энесинин тилинен чыкпайт да. Сууга түшүрбөсө кабылдап кетпес эле. Чындап текшерсе, соттоочу иш, бул! Эх! Караңгылык, сабатсыздык.

Таң атып калыптыр. Биз Биринчи Май көчөсүнө жеткенде асфальтка суу бүрккөн машина күпүйүп чыга келди.

Күндүн нуру миллиондогон алмаз тамчыларга чагылышып, укмуштуу түргө бөлөнүп, кол кармашып келе жаткандардын көзүн уялтты.

 

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Байжиев М., 2005

 


Количество просмотров: 11130